Линктер

шаршемби, 24-июль, 2019 Бишкек убактысы 13:33

Кыргызстан

ЭМГЕК АКЫЛАРДЫ ТЕҢДӨӨ КЕРЕКПИ?

Коомчулуктун айрым өкүлдөрү мамлекеттик кызматкерлер менен мугалим, дарыгер, пенсионерлердин маянасын төлөөнүн тартибин ыраатташтыруу боюнча демилге көтөрүп жатышат. Өкмөт болсо маяна төлөөнү мамлекеттик кызматчынын коррупцияга аралашпай, ак ниет иштешин камсыздоочу бир ыкма катары көрүүдө. Ошондуктан, бул демилгени ынтызарланып колдогондор өкмөт тарапта байкала элек.

Социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акылары жагдайга жараша маал-маалы менен көбөйүп турат. Быйыл өкмөт мугалимдер менен дарыгерлердин маянасын жазында 15%, күзүндө дагы 15% көбөйтүүнү болжоду. Бирок, айрымдар социалдык колдоого канча каражат кошулса, баа да ошончо өсөөрүн айтышат. Кээ бир талдоочулар болсо мугалим, дарыгер, пенсионерлерди аз акча менен алдап, иш жүзүндө үлүштүн көбүн мамлекеттик кызматчылар алып жатканын айтышат.

Өкмөт жакында мамлекеттик кызматчылардын айлыгы быйыл көтөрүлбөй турганын айтканы менен, мамлекеттик чиндерге 20%га чейинки өлчөмдө кошумча төлөөлөр жүргүзүлөөрүн ырасмий билдирди.

Байкоочулардын пикирлерине караганда, жыл өткөн сайын мамлекеттик кызматчылар менен бюджеттен айлык алган кызматкерлердин маяналарынын ортосунда ажырым өсүп баратат. «Укуктук проблемалар фондунун» төрайымы Нина Векуа мындай жагдай акыйкаттыкты жана натыйжалуу аракеттерди талап кылып аткан азыркы реформанын багытына кайчы келерин айтат:

- Айырма өтө чоң. Маянаны жөнгө салуучу нормативдик укуктук базалар акыйкат болбой жатканда коррупцияга каршы кайсы күрөш жөнүндө сөз болушу мүмкүн?

Өкмөт болсо мамлекеттик кызматчыларды коррупцияга аралаштырбоо үчүн эмгек акыны көтөрүш керек экенин белгилейт. Айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү болсо мамлекеттик кызматчынын коррупциядан оолак болушу айлык акынын өлчөмүнө караганда, аткарган ишинин ачык-айкындыгына көбүрөөк байланыштуу экенин айтышат.

Кыргызстандын улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, мамлекеттик кызматчылардын айлыгы 2403 сомду, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарында иштегендердин айлыгы 800 - 900 сомду түзөт. Ал эми Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ташболот Балтабаевдин айтымында, маселен, Баткен облусунда дарыгерлердин айлыгы 800 сомдун тегерегинде, мамлекеттик кызматчылардыкы 3500 сомго жакын.

Премьер-министр Николай Танаевдин Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңештин отурумунда билдиргенине караганда, бардык жоопкерчиликти өзүнө алып жаткан мамлекеттик кызматчылар менен бюджеттен маяна алып жаткан кызматкерлердин аткарган иштерин теңештирүүгө болбойт. Экинчи жагынан муну премьер-министр каражаттын жоктугу менен да негиздейт:

- Эгер азыр бюджетте мүмкүнчүлүк болсо, мен бюджеттик кызматкерлердин дагы, мамлекеттик кызматчылардын да маяналарын жок дегенде 100% көтөрмөкмүн.

Ал эми депутат Ташболот Балтабаевдин айтымында, эмгек акыны төлөөдөгү теңсиздик мамлекеттик саясатка жана укуктук-нормативдик базага жараша болуп атат. Ошондуктан, «өкмөт азыр бюджет каржылаган тармактарга эмгек акы төлөөнүн ырааттуулугун камсыздоочу мыйзамга муктаж», - дейт депутат:

- Мыйзам кабыл алышыбыз керек - Кыргызстандын президентинин маянасы маянасы эң аз адамдын айлыгынын момунча эсесинен ашпаш керек деген. Ошондо бардыгы бир кайыкка түшөт. Эгер депутаттын же президенттин маянасын көбөйтөбүз дешсе, эң аз маяна алган адамдыкын да көбөйтүү керек. Мына ушундай мыйзам зарыл.

ФЕЛИКС КУЛОВГО КОЮЛГАН АЙЫПТАР БОЮНЧА КООМДУК УГУУ ӨТӨТ

Бакыт Аманбаев, Бишкек Январдын он бешине чейин Бишкекте «Арнамыс» партиясынын учурда абакта жаткан жетекчиси Феликс Куловдун камалышына байланыштуу коомдук угуу өтөт. Ага саясий партиялардын, бейөкмөт жана эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Жыйында Феликс Куловдун соттолушу жана ага коюлган айыптардын негиздүүлүгү тууралуу сөз болот

«Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин айтымында, коомдук угуунун башкы максаты - Куловдун мыйзамсыз, саясий себептер менен түрмөдө отурганын коомчулукка дагы бир жолу түшүндүрүү:

- Биздин оюбузча Феликс Куловдун күнөөсү жок. Аны келээрки президенттик шайлоого катыштырбоо максатында саясий негизде камашты.

Эмил Алиевдин айтымында, Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар жана саясий партиялар өткөн жылдын ноябрынан бери Ф. Куловго байланыштуу коомдук угуу өткөрүүгө аракет жасап келишет. Аны өткөрүүгө аткаруу бийлиги Бишкектен имарат бербей келди. Бул жолу андай имаратты Элдик конгресске кирген Социал-демократиялык партиянын жетекчиси, белгилүү саясатчы Алмазбек Атамбаев таап берүүгө убада кылды.

Эмил Алиевдин маалыматына караганда, коомдук угуунун катышуучулары Ф. Куловдун мыйзамсыз камалгандыгын соттогу материалдардын негизинде билүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле ал жыйында 2005-жылдагы шайлоого чейин Феликс Куловду камактан бошотууну жогорку бийликтен талап кылуунун жолдору иштелип чыгат.

Эске сала кетүүчү жагдай, мамлекет башчысы Аскар Акаев былтыр жайында өткөн «Өнөктөштүк форумунда» «Кулов саясий себептерден эмес, жасаган күнөөсү үчүн камалды» деген пикирин билдирген.

АКЫЙКАТ БАШКАРУУ БОЮНЧА УЛУТТУК КЕҢЕШ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮН УЛАНТУУДА

Дүйшөмбү күнү Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңештин кезектеги отуруму өттү. Премьер-министр Николай Танаевдин жетекчилиги менен болгон отурумда уюмдун жыл ичинде аткара турган иштери талкууланып, алардын планы кабыл алынды. Ага ылайык Улуттук кеңеш жакынкы эки айда башкаруу системасын реформалоонун стратегиясын иштеп чыга турган болду.

Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңештин кезектеги отуруму жыл ичинде аткарыла турган иш-чаралардын тизмесин мүчөлөрдүн сунуш-пикирлерин эске алуу менен кабыл алды. Талкуунун жүрүшүндө айрымдар жылдык планды кабыл алаардан мурда Улуттук кеңештин стратегиясын кабыл алуу керектигин белгилешти. Премьер-министр Николай Танаев болсо Улуттук кеңеш башкаруу системасын реформалоо стратегиясынын жетегинде иш алып барат деген ойдо:

- Мына ушунун өзү стратегия. «Стратегия жок» деп сиз кайсыны айтып атасыз? Биз реформалоонун стратегиясын иштеп чыгып, мартта аны сунушташыбыз керек, андан аркыга калтырууга мүмкүн эмес. Анткени, ачык айтып коёюн, стратегия Эларалык валюта кору менен биздин ортобузда түзүлгөн меморандумда белгиленген тышкы карыздарды жоюу шарттарын ылайыктоочу компоненттердин бири.

Башкаруу системасын реформалоо стратегиясы улуттук кеңеш жыл ичинде аткарчу иш чаралардын эң негизгиси. Ал Өнүгүүнүн комплекстүү негиздери жана Жакырчылыктан чыгуу боюнча улуттук стратегиянын алкагында даярдалышы керек. Николай Танаев отурумда улуттук кеңештин мүчөлөрүн аталган документти даярдоого активдүү катышууга чакырды.

Мүчөлөр кеңештин катчылыгына он күн ичинде өз сунуштарын бериши керек. Анын негизинде март айына чейин стратегия иштелип бүтүп, калктын талкуусуна коюлмакчы. Март айынын үчүнчү он күндүгүндө стартегияны улуттук кеңеш кабыл алып, президентке сунушташы күтүлүүдө.

Улуттук кеңеш быйыл аткара турган иштердин курамына коррупциялык мыйзам бузууларды иликтөө, мамлекеттик кызматчылардын кирешелерин каттоону өркүндөтүү, «көмүскө» экономиканын жагдайын териштирүү, мамлекеттик органдардан административдик, укуктук маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү өңдүү маселелер бар. 15 пункт менен белгиленген багыттарды ишке ашыруу тиешелүү тармактарга жана кеңештин мүчөлөрүнө жүктөлдү. Кеңештин айрым мүчөлөрү мындай милдеттер менен макул эмес. Маселен, Корпоративдик технологиялар борборунун жетекчиси Төлөндү Тойчубаев мындай ойдо:

- Биздин милдетибиз – тигил же бул иш-чарага жооп берүү эмес, өз пикирибизди айтуу. Бул жерде мындай болуп калып атат, маселен, биз, ишкерлердин же коомчулуктун өкүлдөрү, кандайдыр бир ыңгайда бюрократ болуп калып атабыз. Тизмеге бизди кошуу жөнсүз болуп калат.

Мындай пикирге Николай Танаев, Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Калык Иманкулов жана Жалалабад облусунун губернатору Жусупбек Шарипов макул болушкан жок.

- Бул такыр туура эмес, - деди Жусупбек Шарипов, - Кыргызстанда жашаган ар бир атуул жоопкер болушу керек. Менин ишим жок деген принцип туура эмес. Ошон үчүн бул жакка коомдун бардык өкүлдөрү тартылып атпайбы.

Билим берүү тармагында иштеп жаткан Көзөмөлдөөчү кеңештердин тажрыйбасын жайылтуу кызуу талкууну жаратты. Маселен, президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору Аскар Кутанов бул демилгеге өтө кылдат мамиле жасап, азырынча колдобой коё турууну сунуштады. Демилгени колдогон Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Гүлмира Маматкеримованын пикирине караганда, айрыкча мектептерде түзүлгөн мындай кеңештер көмүскө пайда табуунун булагына айланып жатат. Аны мыйзамдын күчү менен тизгиндөөгө мүмкүн болбой калды.

Талкуу учурунда Бишкек шаарындагы айрым мектептин директорлору Көзөмөлдөөчү кеңешке жамынып, анын аркасы менен 40 миң сомго чейин айлык акы алып жатышкандыгы белгиленди. Мындай теңсиздикти чектөө үчүн «Көзөмөлдөөчү кеңештер жөнүндө» мыйзамдын аткарылышына байкоо жүргүзүш керек деген бүтүм чыкты. Отурумда Аскар Кутановдун сунушу көпчүлүк тарабынан колдоо тапкан жок.

КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН ГРУЗИЯДАГЫ ШАЙЛООДОН ҮЛГҮ АЛА ТУРГАН ЖАГДАЙЛАР КӨП

Бакыт Аманбаев, Бишкек Грузиядагы президенттик шайлоого Кыргызстандын оппозициячыл маанайдагы бир катар саясатчылары байкоочу катары катышты. Алар Грузиядагы шайлоо эларалык талапга ылайык адилет өткөндүгүн белгилешип, бул шайлоо системасынан үлгү ала турган көп нерселер бар экендигин маалымдашты. Ал эми Кыргызстандын аткаруу бийлиги Грузиядагы президенттик шайлоого өз байкоочуларын жөнөткөн жок.

Грузиядагы президенттик шайлоого байкоочу катары «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев, «Атамекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, укук коргоочу Турсунбек Акун жана «Атамекен» партиясынын мүчөсү Мамат Момунов катышты. Алар «Азаттыкка» телефон аркылуу берген маегинде Грузиядагы шайлоо эларалык талапка ылайык одоно мыйзам бузуусуз, ачык өткөнүн бир ооздон белгилешти. Адегенде, укук коргоочу Турсунбек Акун мындай пикирин билдирди:

- Биз аябай жакшы иштедик. Он бештен ашуун шайлоо участокторунда болдук. Эң кызыгы - биз шайлоо учурунда кандайдыр бир мыйзам бузууну издесек да таппай койдук. Бюллетен салына турган жашик - айнектен жасалып, ага ким канча бюллетен салганы алыстан ачык, даана көрүнүп турду.

Турсунбек Акундун мындай пикирине Топчубек Тургуналиев буларды кошумчалады:

- Бизден өзгөчөлүк катары белгилей кетүүчү нерсе, Грузияда эркин радио жана телеберүүлөр, гезиттер абдан көп экен. Оппозиция өкүлдөрү өздөрү каалаган оюн өз учурунда коомчулукка билдире алышат экен. Мындан сырткары студенттер да өздөрүнүн «Жаңымуун» деген кыймылын түзүптүр. Демек, Кыргызстанда да ушундай көрүнүшкө жетишиш керек.

Ал эми «Атамекен» партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, Грузиядагы бюллетен алган адамдардын бармагына белги коюу тажрыйбасын Кыргызстанда да колдонуу керек. Анын натыйжасында шайлоо учурунда кайталап добуш берүү сыяктуу мыйзам бузууларга жол берилбейт:

- Грузиядан үйрөнө турган нерсе - ал жердеги шайлоого катышкан адамдардын бармактарын белгилөөнү Кыргызстанда да колдонуу керек. Анткени, добуш берүүгө келген ар бир адамдын бармагы адегенде, атайын суюктук менен белгиленет экен. Шайлоо участогуна кире берген жерде турган адам ал белгини нур менен текшерет экен. Белги шайлоо бүткүчөктү кетпейт экен. Эгерде бир киши эки жолу добуш берүүгө келсе, анын айыбы көпчүлүктүн алдында ачылып калат.

Кыргызстандын аткаруу бийлиги буга чейин КМШ өлкөлөрүндө болгон шайлоолорго такай байкоочу жиберип келген. Негедир, Борбордук шайлоо комиссиясы бул жолу Грузиядагы шайлоого өз байкоочуларын жөнөткөн жок. Анын себебин Борбор шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынын жетекчиси Нина Мухина каражаттын жоктугу менен түшүндүрдү. Ал эми айрым саясатчылар аткаруу бийлигинин мындай жообуна ишенишпейт. Маселен, Мыйзам чыгаруу жыйынын Адам укуктары боюнча комитетинин жетекчиси Оксана Малеваная биз менен болгон маегинде «Грузиянын жаңы жетекчилиги президенттик шайлоону адилет, ачык өткөрүүнү жарыялашкан. Ал эми биздикилер кыязы, ошондой шайлоо өткөрүүнү каалашкан жок» деген пикирин билдирди.

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай - Грузиядагы шайлоого байкоочулук кылышкан оппозиция өкүлдөрү Грузияда соңку жылдарда түзүлгөн кырдаалды Кыргызстанда түзүлгөн саясий-экономикалык абал менен салыштырышты. Бул тууралуу депутат Өмүрбек Текебаев мындай деген оюн айтты:

- Грузия менен Кыргызстанда окшоштуктар абдан көп экен. Бүгүнкү күнү Грузияда бийлик коррупцияланган, эли жакыр, эң башкысы - эл бийликке ишенбейт. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда да ушундай кырдаал түзүлдү.

Оппозиция өкүлдөрүнүн жогорудагыдай пикирине кыргыз бийлигинин өкүлдөрү макул эмес. Маселен, мамлекет башчысынын Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Чолпонкул Арабаев мындай дейт:

- Грузиядагы окуяны Кыргызстан менен эч салыштырууга болбойт. Айрым оппозиция өкүлдөрү «Грузиядагы окуя Кыргызстанда да орун алат» деген пикирин айтышууда. Алардын тилеги таш капсын. Бул туура эмес. Грузиядагы абал башка, биздеги абал башка. Мындан сыркары, биздин элдин менталитетин грузиндерге салыштырууга болбойт. Ошондуктан, ал жердеги кырдаал бизде түзүлгөн жок. Эгерде түзүлсө, биз ага жол бербешибиз керек.

Ал эми «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо кыймылынын» төрагасынын орун басары Турсунбек Акун болсо «Кыргызстанда да «Жибек төңкөрүшүн» жасоо керек» деген оюн ортого салды:

- Кыргызстанга да Грузиядагыдай кан төгүүсүз, тынч, куралсыз «жибек ынкылабы» жетишпей жатат. Ага Кыргызстанда кырдаал бышкан. Ошондуктан бизде да Грузиядагыдай тынч төңкөрүштү жасоо керек. Ошондо гана кыргыз эли азаттыкка чыгат. Анткени, Акаев бийликте турганда, мыйзам бузуу уланып, мындан ары да дүйнө жүзүнө уят боло берээрибиз шексиз.

ӨНӨР ЖАЙ ТАРМАГЫНДА ӨСҮШ БАРБЫ?

Азиза Турдуева, Бишкек Кыргыз бийлиги «өнөр жай тармагынын мындан ары өсүшү үчүн быйыл жакшы негиздер түзүлдү» деп билдирди. Бирок, буга күмөн санагандар да арбын.

Өнөр жай тармагы чыгарган товарлар республиканын ички дүң продуктысынын 21% түзөт. Бул тууралуу Өнөр жай жана тышкы соода министри Садриддин Жиенбеков мындай дейт:

- Өткөн жылдын 11 айында өлкөдө 46 млрд. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Бул 2002-жылдын 11 айына караганда 16% жогору. Экспорт жөнүндө айтсак, быйыл экспорт да 11% өстү.

Садриддин Жиенбековдун айтымында, 2003-жылы министрлик тарабынан экспорт тармагын өнүктүрүү багытында бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү. Анын бир жыйынтыгы - Кыргызстандын товарларын Казакстан аркылуу чет өлкөлөргө ташуу маселеси жыл аягында чечилди. Ага ылайык ушул айдан тартып Кыргызстанга караштуу оор жүк ташыган автоунаалар жана поезддер Казакстандын аймагынан уруксаты жок эркин өтө алат. Ошондой эле Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар Казакстанда эркин сатылмакчы.

Бирок, азырынча Өзбекстан аркылуу Кыргызстандын товарларын башка өлкөлөргө ташуу маселеси чечилбей турат. Учурда Кыргызстандын жүк ташуучу ар бир унаасы Өзбекстандан өткөнү үчүн 200 евро төлөйт. Бул маселе жакында эки өлкөнүн өкмөттөр аралык сүйлөшүүсүндө каралмакчы.

Министрлик соода тармагындагы кызматташтыкты жакшыртуу максатында Орусия Федерациясы, Индия жана Иран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

2003-жылы өнөр жай тармагына 2002-жылга салыштырганда 20% көп инвестиция тартылды. Ошондон улам министр Садриддин Жиенбеков:

- Келээрки жылдарда өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө быйыл сапаттуу негиздер түзүлүп, фундаменталдык өзгөрүүлөр болду. Бул багыттагы иш-чаралар республиканын өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт, - деп билдирди.

Ал эми көп жылдар бою өнөр жай тармагында эмгектенип келген тажрыйбалуу адис, азыр депутаттык ишти аркалап жаткан Орозбек Дүйшеев тескерисинче, республиканын өнөр жай тармагындагы абал начар деген көз карашта:

- «Өнөр жай тармагынын көрсөткүчтөрү өстү» деп айтылып жатат. «Кумтөрдү кошкондо, өсүш 16% жетти» дешет. Бирок, кийинки жылдарда өнөр жай тармагы өспөйт. Анткени, алтын өндүрүшү төмөндөйт. Мына келээрки жылга өнөр жай тармагына капиталдык салымдар катары 299 млн. сом каралып жатат. Бул - өтө аз. Кыргызстанда азыр өндүрүш жок, көрүнүктүү ири ишканалардын баары токтоп турат. Өндүрүштү өстүрүү үчүн капиталдык салымдарды көбөйтүү керек.

Орозбек Дүйшеевден айырмаланган ойду айткан министр С. Жиенбеков өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө тоскоолдук кылып жаткан бир нече себептерди санады:

- Биринчиден, өнөр жай тармагындагы салыктар өтө жогору. Өнөр жай тармагы өлкөнүн ички дүң продуктысынын 21% түзгөнү менен, дал ушул тармак бюджетке түшкөн салыктардын 50% камсыз кылат. Ошондуктан тармакка жүктөлгөн салыктардын көлөмүн кайра карап чыгуу зарыл. Экинчиден, жогоруда белгиленгендей, Кыргызстандан транзит аркылуу товар ташуу маселеси кыска мөөнөттө чечилиши керек. Үчүнчүдөн, электр энергиясынын кымбатташы да өнөр жай тармагындагы абалды оорлотту. Төртүнчүдөн, Кыргызстанда инвестициялык абалды мындан да жакшыртуу абзел. Инвесторлорго салык жеңилдиктери берилиши керек. Мындай тартип азыр Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен бир гана Кыргызстанда кабыл алына элек.

АЙЫКПАС ДАРТКА ЧАЛДЫККАНДАР ЖЫЛ САЙЫН АРБЫП БАРАТАТ

Иммун таңкыстыгы вирусун – СПИД дартын жуктуруп алгандардын саны Кыргызстанда 500дүн айланасында. Адистердин айтымында, Шериктеш мамлекеттер аймагында айыкпас дартка чалдыккандардын катары жыл сайын эки эсеге жакын көбөйүүдө.

СПИДдин коркунучу арбын айтылып, көпчүлүккө жадыбалдай жат болгон белем, оорулуулардын саны Кыргызстанда кескин көбөйүп баратышы көнүмүш катары кабылданып калды. Өткөн жылы айыкпас дартка чалдыккандардын саны 500 адамга чамалап барды. Адистердин айтымында, ооруга чалдыккандардын саны мындан бир нече эсе көп болушу ыктымал. Себеп дегенде, СПИД дартына чалдыккандардын көбү билинбей калууда.

Кыргызстан СПИДге каршы күрөшүү боюнча глобалдык программага кошулган. Байгер мамлекеттердин жардамы аркасында түшүндүрүү, ооруну алдын-алуу иштери жүргүзүлөт. Республикалык СПИД бирикмесинин жетекчиси Борис Шапиронун айтымында, биздин улуттук сезим-туюмубуз башкачараак:

- Туура, биздин менталитетибиз башкача. Бирок да, достор, бул тууралуу айтышыбыз керек да. Биз айтпасак ким айтат?!

Борис Шапиронун жетекчилигинде мындан төрт жыл илгери жарыкка чыккан «Жашоонун сергек мүнөзү» китебинен чыккан талаш нукура медициналык проблеманын дагы бир өңүтүн – адеп-ыйман чегин ачып салды. Парламент депутаты, медицина илиминин доктору, профессор Ташболот Балтабаевдин пикиринде бул маселеде өзгөчө этият болуш керек:

- Эгер биз айтпай, «мусулманчылык салты боюнча буларды айтпашыбыз керек, муну балдар билбеши керек» деп маселеге тыюу салып коюуну да туура эмес деп эсептейм. Айтыш керек, айтканда өтө сезимталдык менен, биздин менталитетти, тарыхыбызды, баштатан калыптанып калган үй-бүлөлүк эрежелерди колдонуп, маданияттуу түрдө айтышыбыз керек. Батыштан айырмаланган өзүбүздүн формабызды иштеп чыгып, түшүнүктүү кылып айтышыбыз керек.

Республикалык СПИД борборунун бөлүм башчысы Айгүл Исмаилова айыкпас дарттан сактаныштын жападан-жалгыз жолу адамдын өзүнө байланыштуу деп эсептейт:

- Бул оорунун андан ары таралып кетпешинин негизи – бул адамдардын билими. Алардын бул оору жөнүндө түшүнүгү болушу керек. Бул оору эмне деген оору, кандай жолдор менен жугат, андан кантип сактануу керек? Мына ушулар жөнүндө адамдар жакшы билиши керек. Буларды жакшы билишсе эле оорунун таралып кетишинен сактанып кала алабыз.

Анын кесиптеши Дамира Иманалиеванын айтымында, айыкпас дартка чалдыккан адамды дарылоо өтөле көп каражатты талап кылат:

- Бул оорудан айыктырчу дары табыла элек. Өзүнөн-өзү да айыгып кетпейт. Азырынча анын аягы өлүм болуп атат. Анан көп дарылар чыккан. Вируска каршы дарылана турган 30 – 40 дарынын түрү бар. Бирок бул дарылар абдан кымбат. Мисалы, бир эле кишиге вируска каршы дарыдан үчөөнү бериш керек. Бир адамга ошол үч дарыны сатып алганга бир жылга 10 миң доллар керек. Биздин өлкөдө азырынча андай акча жок.

Борис Шапиро иммун таңкыстыгы вирусу тууралуу калайык-калкка такай айтып туруу керек дейт. Алдын-алуу, түшүндүрүү иштерин жаңы муундан баштоо зарыл.

- Мен биздин мектеп балдар-кыздарга гана жакшы тарбия бербестен, алардын ата-энесинин да жакын кеңешчиси болушун каалaар элем, - дейт Борис Шапиро.

АКЫРКЫ АПТАНЫН ОЛУТТУУ ОКУЯЛАРЫ: БҮЖӨТ, ПЕНСИЯ, ОТУН ЖАНА САЯСАТ...

Былтыркы жылдын акыркы аптасы жана жаңы жылдын алгачкы аптасы олуттуу окуяларга бай болду.

Дүйшөмбү – 29-декабрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 44 добуш менен 2004-жылдын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамды жактырып, кабыл алды. Ага ылайык 2004-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 14 млрд. 215 млн. сом, чыгаша бөлүгү 14 млрд. 951 млн. сом болду. Каржы министри Болот Абилдаев бюджеттин негизги максаты-өлкөнүн социалдык тармагын колдоо болду деп билдирди. Мурдагы өкмөт башчысы, депутат Курманбек Бакиев өкмөттүн азыркы бюджет саясатын сынга алып, Кыргызстан жакырчылыктан чыгыш үчүн салыктарды азайтышы керек деп билдирди. К. Бакиевдин пикири боюнча, Кыргызстан өз алдынча каржы саясатын жүргүзүшү керек жана ал үчүн Эларалык валюта корунун жетегинен чыгышы зарыл. Мындай кадамга барууга өлкө президентинин чечкиндүү саясаты зарыл.

- Өзүбүздүн экономикалык саясатыбызды негизги багыт кылып алышыбыз керек, - дейт Курманбек Бакиев. - Ага Эларалык валюта кору баштаган эларалык каржы уюмдарын көндүрүшүбүз зарыл. Айтып коёюн, Эларалык валюта кору өз позициясына катуу турут. Биздикилерге ошондой позиция жетишпей жатат. Муну мамлекет башчысы өзү көзөмөлгө алып, өзү катуу турушу керек.

Шейшемби – 30-декабрда Бишкекте «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун демилгеси менен «Мамлекеттик кызматкердин адеби» деген темада талкуу өттү. Анда премьер-министр Николай Танаевдин «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» акционердик коомунан 102 миң АКШ долларын насыяга алышы сындалды. Ушул эле 30-декабрда президент Аскар Акаев Кыргыз телекөрсөтүүсү аркылуу элдин суроолоруна жооп берди. Анын айтмында, 2003-жыл Кыргызстан үчүн жемиштүү жыл болду:

- Тышкы саясатта дагы, өлкөнүн экономикасын көтөрүүдө дагы бир катар ийгиликтерге жетиштик.

Президент А. Акаев 2003-жылы кыргыз мамлекеттигинин 2200-жылдыгынын белгиленишин, Кант аба майданынын ачылышын маанилүү окуялардын катарына кошту. Мамлекет башчынын пикири боюнча, Кыргызстан бир эле учурда АКШ, Орусия жана Кытай менен ысык мамиле түзүп, тышкы саясатта чоң ийгиликтерге жетишти. Ошол эле учурда президенттин эл менен баарлашуусу жасалма суроолордун негизинде уюштурулду, түз берилген суроолорго жооп болгон жок деген пикирлер да бар:

- Көпчүлүк эле кыргызстандыктар сыяктуу эле мен дагы суроо бердим. Менин суроом премьер-министр Николай Танаевдин энергетика компаниясынан алган 102 миң доллар насыя акчасына байланыштуу эле. Бирок, ага жооп болгон жок. Менимче, бул «түз эфир» эмес, алдын - ала даярдалган, - дейт «Арнамыс» партиясынын мүчөсү Бөдөш Мамырова.

Ушул эле 30-декабрда КДК партиясы билдирүү таратып, Аскар Акаевдин дагы бир мөөнөткө иштешин же анын мөөнөтүн дагы 7 жылга узартуу боюнча демилгелерге каршы экендигин билдирди.

Шаршемби – 2003-жылдын акыркы күнү болгон 31-декабрда президент Аскар Акаев 30-декабрда өлүм жазасын аткарууга мораторийдин мөөнөтүн дагы бир жылга узартуу жөнүндө жарлыкка кол койгону маалым болду. Президент бул жарлыгын Кыргызстандын адам укуктарын жана эркиндиктерин сактай тургандыгын ырастап, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганынын 55 жылдыгынын урматына чыгарды. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун айтымында, азыр Кыргызстанда өлүм жазасынын аткарылышын күтүп абактарда 150дөй атуул жатат.

Ушул эле 31-декабрь күнү президент Аскар Акаев кыргызстандыктарды жаңы 2004-мечин жылы менен куттуктады.

Бейшемби – 2004-жылдын биринчи күнү - 1 январдан тартып пенсиянын көлөмү 9% жогорулады. Учурда республикада 535 миңге жакын пенсионер бар. Акыркы жолу өлкөдө пенсия өткөн жылдын апрель айында 15% көбөйгөн. Ошондон кийин пенсиянын орточо өлчөмү 600 сомду түзгөн. Ал эми пенсиянын минималдуу өлчөмү 200 сом. Республикада пенсионерлер үчүн керектөөнүн минималдык өлчөмү болсо 1200 сомду түзөт. Башкача айтканда, пенсиянын өлчөмү өлкөдөгү минималдык керектөөнүн өлчөмүнөн 2 эсеге, ал эми орточо айлык акыдан 3 эсеге төмөн.

Жума – 2 декабрда «Атамекен» партиясынын төрагасы, депутат Өмүрбек Текебаев жана ушул эле партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Мамат Момунов Грузиядагы президенттик шайлоого байкоочу катары катышуу үчүн жөнөп кетишти. Ал эми «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев менен укук коргоочу Турсунбек Акун бул максатта 28-декабрда эле Грузияга жол тартышкан. Кыргыз бийлиги болсо акчанын тартыштыгын айтып, Грузияга өз байкоочуларын жиберген жок. 30-декабрда КТР аркылуу «түз эфирде» президент Аскар Акаев Грузия Батышка гана ыктаган саясат жүргүзгөнү үчүн ушундай төңкөрүшкө кабылды деген болчу.

Ишемби – 3-декабрда «Азаттыктын» кабарчысына өкмөт башчынын кеңешчиси Андрей Иордан Өзбекстан Кыргызстанга 2004-жылы жаратылыш газын берүүгө макул болгонун билдирди. Ага негиз берген эки тараптуу келишимге 31-декабрда кол коюлган. Ага ылайык Өзбекстан 2004-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга 300 миллион кубометр газ берет. Жылдагыдан айырмасы - быйыл Кыргызстан газ акысын толук түрдө нак акча менен, 1000 кубометр газды 42 доллардан сатып алат. Учурда Кыргызстан газ үчүн коңшуларга 10 млн. доллардан ашуун акча карыз.

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: «ЭЛДИН КӨБҮ МИХАИЛ СААКАШВИЛИ ТАРАПТА»

Кыргызстандын оппозициячыл маанайдагы бир катар саясатчылары учурда Грузиядагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүп жатышат. Алардын бири Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Атамекен» социалисттик партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев «Азаттыктын» Бишкектеги бюросуна телефон аркылуу маек куруп берди.

- Өмүрбек мырза, мына азыр Грузияда президентке талапкерлерге добуш берүү соңуна чыгып баратат. Учурда жагдай кандай болуп атат? Кандай оош-кыйыштарды байкай алдыңыздар? Кайсы жерлерде болдуңуздар? Адегенде ушуларга токтолсоңуз.

- Биз бир топ тоолуу райондордогу айыл жерлерин кыдырып келдик. Биз дегеним: Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынын кызматкери Мамат Момунов жана мен КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулар миссиясынын желеги алдында келип, азыр бул жерде шайлоону байкап жүрөбүз. Бизге эки район –Каспий жана Ахалгори райондору бөлүнүп берилди. Ошол эки районду кыдырып көрдүк. Калктын көпчүлүгү Михаил Саакашвилиге добуш берип жатканын алдын ала айтса болот. Албетте, бул жерде административдик ресурсту пайдаланган мыйзам бузуулар болуптур. Аны байкоочулардын баардыгы эле «бийликти алган адамдар ушундай кылат экен» деп айтып жатышат. Саакашвилини көп рекламалап койду дешүүдө. Биз барган айылдарда Саакашвилиден башка талапкерлер жөнүндө карапайым калк арасында дээрлик маалымат жок экен. Бирок, алар өз ыктыярлары менен Саакашвилиге добуш берип жатканына биз күбө болдук.
Жакында жергиликтүү радио мурунку президент Эдуард Шеварднадзе өз шайлоо участогуна келип Саакашвилиге добуш бергенин айтты. Калктын көбү Саакашвилиге берип жаткан добушун жаңы адам келсе турмушубуз оңолор деген үмүтүбүз бар деп, биринчи кезекте ушул жаш саясатчыга насыя катары добуш берерин жашырбай жарыя кылышууда.


- Ал жерде элдин турмушу кандай экен?

- Грузияда элдин турмушу начар. Кээ бир жактарын алып караганда Кыргызстандагыдан да начар. Бул биринчи кезекте электр кубатына байланыштуу. Электр кубатынын бир киловатынын наркы биздин акча менен 5 сомдон кем эмес. Ошол дагы кыска убакытта берилип, калган убакытта өчүрүлөт экен. Мына азыр акыркы күндөрү гана айыл-шаарларга электр кубаты тынымсыз берилип турат. Ушунун өзү да чоң жетишкендик деп эл ыраазы болуп атканын билдик.

- Өмүрбек мырза, Кыргызстанда сиз дагы президенттикке талапкер катары шайлоого катышып жүрдүңүз. Грузия менен Кыргызстандын шайлоо өнөктүктөрүндө, добуш берүү учурунда кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз? Айырманы, окшоштуктарды сездиңизби?

- Эми Саакашвилинин администрациясы деле Шеварнадзенин резиденциясына президент катары жайгашып, өзүн алып жүрөт. Алардын командасы деле административдик ресурстарды пайдаланып, мыйзамдар бир аз бузулуп атыптыр. Бирок, бир гана нерсе - Саакашвили добуш берүүнүн жыйынтыктарын өзгөртүүгө барбайт. Анткени, эл добушту ага берип атканына өзүбүз күбө болдук. Ал эми Кыргызстанда президенттик шайлоодо 90% добуш берген жерлерде да жыйынтык тескери болуп калган учурлар болгон. Бул - бир. Экинчиси, элдин ушул эски режим кетсе экен деп эңсегени. Ким келсе да өзгөртө турган адам болсо деген тилеги. Үчүнчү байкаганым - (Муну бардыгы, жөнөкөй карапайым базарда отурган адамдан баштап таксисттерге, райондун жетекчилерине чейин айтып отурушат), эң башкысы - ок атпастан, кан төгүлбөстөн бийлик алмашууга жеттик, ушунун өзү чоң жетишкендик дешет. Грузиндерди түшүнсө болот, анткени бул жерде акыркы 15 жылда бийлик алмашуу тынымсыз кан төгүүлөр менен коштолуп, автономдук облустар Грузиядан чыгып, алардын ортосунда кандуу кагылышуулар болуп, ошондон калк катуу жабыркаган. Кээ бирлери көзүнө жаш алганчалык эреркеп турушат. Шеварнадзени ким алмаштырат, бул биз үчүн экинчи маселе дешет.

- Шеварнадзенин жагдайына коомчулуктун пикири кандай экен?

- Шеварнадзенин тагдыры боюнча коомдо дискуссиялар жүрүп жатыптыр. Грузиндердин бир бөлүгү «өткөн иш өттү дегендей, Саакашвили берген президенттик кол тийбестик кепилдигин алып, биздин урматтуу атуулубуз болуп, ушул жерде жашап жүрө бериш керек» дешет. Ал эми «алган миллиардданган долларлар үчүн Шевардназде жооп бериш керек» деген агрессивдүү пейилдеги атуулдар да кездешип жатат. Бирок, мен ойлойм, экс-президенттин акыркы кадамы – шайлоо участогуна келип Саакашвилиге добуш бериши балким, акыркы мен айткан грузиндерди бир аз жибитет го деп ойлойм.

- Байкоочуларга жергиликтүү шайлоо комиссиясынын мамилеси кандай болуп атат?

- Абдан жакшы. «Силер кимсиңер, документиңер кана, эмне үчүн видеотасма тартып атасыңар» деп сураган эч ким болгон жок. Согуш болгон тоолуу райондорго чейин барып келдик. Бардык жеринде жакшы кабыл алып атат. Добуш берүүнүн жүрүшүндө биз үйрөнө турган көп нерселер бар экен. Ар бир адамга бюллетень алып атканда бармагына суюктук чачылат. Көгүш түскө боелуп чыгып, адамдын добуш берген-бербегени билинет экен. Бул жагынан Грузияда маселе чечилиптир. Урналар ачык, бюллетен конвертке салынып, конвертке да, бюллетенге да мөөр басылып, эки комиссия кол коюп, анан урнага ташталат экен. Бирок, санагына катыша элекпиз.
Партиялардан тилекке каршы, байкоочуларды жөнөткөндөр аз. Биз барган бир нече участокто Саакашвили менен Буржанадзенин партиясынан байкоочулар бар экен. Анан «Адилеттүү шайлоолор үчүн» деген бейөкмөт уюмдун өкүлдөрүн көрдүк. Башка жерден жергиликтүү байкоочуларды көрө алган жокпуз. Бирок, ошого карабастан шайлоонун жыйынтыгын алдын-ала айтса болот. Ал белгилүү болгондуктан, добуш жасоого аракеттер жергиликтүү бийлик тарабынан болбойт го деп ойлойм.


- Өмүрбек мырза, жогоруда сиз айткан Грузиянын шайлоого байланыштуу тажрыйбасын Кыргызстанда пайдаланууга шарт-жагдай барбы? Бизде деле президенттик, парламенттик шайлоого аз убакыт калбадыбы?

- «Шайлоо кодексин» жакында жаңы редакциясында кабыл алганыбыз сизге белгилүү. Грузиянын тажрыйбасын биз бул жерге келгенге чейин эле билип, эске алганга аракет кылганбыз. Анын бир бөлүгү кабыл алынды. Бюллетень алган адамдардын бармагына белги коюп, алардын экинчи ирет киришине тыюу сала турган болсок - шайлоо жыйынтыктарын бурмалоого чоң бөгөт коет элек.

- Грузияда канча партия бар экен? Жогоруда айтып атпайсызбы, бир-эки башкы партиянын өкүлдөрү байкоочу болуп жүрөт деп. А калган партиялар кайда экен? Алар тарабынан кандайдыр бир нааразылыктар байкалган жокпу?

- Алар албетте, Саакашвили административдик ресурсту колдонуп атат деп нааразылык билгизип атышат. Бирок, Саакашвилинин табийгый артыкчылыгы – парламенттик шайлоодогу анын партиясынын ийгилиги. Ал Шеварнадзенин «Жаңы Грузия» деген партиясынан кийинки экинчи орунду ээлеген. Ошол ийгилигин бекемдеп, Шеварнадзени отставкага кетирүүдөгү анын биринчи ролду ээлегендиги грузиндердин арасында аброюн эбейгейсиз көтөрүптүр. Парламенттик чоң жарыштан алсырап турган башка партиялар кайрадан кырк күндүн ичинде өз ресурстарын мобилизациялоого үлгүрбөй калыптыр. Ал эми биз барган Лилингори (азыркы Ахалгори) деген район Осетиянын бир району болгон экен. Ал жерде жеңишти Шеварднадзенин партиясы –«Жаңы Грузия» алыптыр. Экинчи орунду лейбористтик партия алган. Үчүнчү орунду «Буржанадзе жана демократтар» деген топ алган. Төртүнчү орунду гана Саакашвилинин «Улуттук кыймылы» алган. Бирок, ошого карабастан, биз жолуккан калктын 90% ашыгы Саакашвилиге добуш беребиз деп отурганын байкадык. Элдин симпатиясында, аң-сезиминде ушундай кескин өзгөрүү байкалды.

- Грузиянын карамагындагы башка автономиялуу аймактар президенттик шайлоого кандай мамиле жасап атышат?

- Аджарияда добуш берүү башталды. Бирок, алар жетишерлик добуш берүүнү уюштура алабы - белгисиз. Анткени, алардын макул болгонуна бир-эки эле күн болду. Үлгүрө алар бекен деген тынчсыздануулар айтылып жатат. Ал эми Түштүк Осетия менен Абхазияда бул президенттик шайлоо көңүлгө алынган жок, шайлоолор өткөн жок.

- Сиздин ал жердеги байкоочу мекендештериңиз эмне иш кылып атышат учурда?

- Кечээ Тбилисиде Топчубек Тургуналиев менен Турсунбек Акунду жолуктурдук. Алар Тбилисинин өзүндө калып, ошол жердеги шайлоо участокторунда байкоо жүргүзүшмөк. Өзүңүз билесиз, алар бизден бир апта мурда Тбилисиге келишкен. Алар бардык партиялардын, талапкерлердин өкүлдөрү менен, алардын штабдарына барып жолугушуп, бул жердеги кырдаалды терең иликтеп көрүшүптүр. Алар шаарда болуп жатышат.

- Өмүрбек мырза, КМШ аймагынан барган байкоочулар шайлоого кандай баа бериши күтүлүүдө?

- Эртең саат 12.00де КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар маалымат жыйынын өткөрүшөт. Ошондо биз шайлоонун өзүбүз байкаган кемчилик-жетишкендиктерин айтабыз. Негизинен, азыр эле шайлоо өттү деп айтса болот. Саакашвилинин жеңиши легитимдүү, күнөм саналбайт деген тастыктоо жарыяланат болуш керек. Шайлоонун жүрүшүндө, ага даярдыкта олчойгон эле каталар кеткен. Саакашвили шайлана электе эле аны мамлекеттик телерадио компаниялар президент катары рекламалап, эбегейсиз жардам беришкен. Ошол кемчиликтер белгиленүү менен, добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланбагандыгы айтылат го деп ойлойм.

- Маегиңиз үчүн рахмат.

ЧҮЙ ОБЛУСУНДА СПИД ИЛДЕТИ КҮЧӨДҮ

Мелис Кыязов, Токмок шаары Соңку учурда Кыргызстанда СПИД илдетине чалдыккандар көбөйүүдө. Статистика боюнча СПИД илдетине дуушар болгондордун эң көбү Ош облусунда. Андан кийинки орунда Бишкек шаары турат. Ал эми үчүнчү орунда Чүй облусу. Жакында эле СПИД оорусунан алдын алуучу борбор Чүй облусунун борбору Токмок шаарында ачылды.

Учурда Кыргызстан боюнча 500дөй адам СПИД илдетине чалдыгып, каттоодо турушат. Акыркы кезде бул оору Чуй облусунун аймактарына да таралууда. Азыр облус боюнча 70 адам каттоодо. Кыргызстандын башка облустарында 1991-жылдан тартып эле СПИДден коргонуу борборлору ачылып, иш-чаралар жүргүзүлүп келет. Бирок Чүй облусу борбор калаага жакын жайгашкандыктан СПИД илдетинен алдын алуучу борборлор 2003-жылга чейин ачылган эмес. Соңку кезде облуста аталган илдетке чалдыккандар көбөйүп кеткендиктен, 2003-жылы Токмок шаарында СПИДден коргонуу борбору ачылды. Ошол борбордун кызматкери Балкабек Исраиловду кепке тарттык:

- Азыр өзүнүздөр билгендей республикага ВИЧ/СПИД оорусу жайылып жатат. Ошого байланыштуу быйыл губернатордун чечими менен Чүй облусттук СПИД борбору ачылган. Азыр Чүй облусу боюнча 70 адам каттоодо турат. Ошонун ичинен үчөө СПИД оорусунан каза табышты. СПИДге чалдыккандардын 90% баңгилер болуп эсептелет. Ал эми жашына карай турган болсок эң улуусу 46 жашта, эң кичүүсү 18 жашта. Ал эми райондор боюнча маалымат берчү болсок, эң эле көп катталгандар Ысыката районунда болуп жатат. Андан кийин Жайыл району, Аламүдүн району жана Токмок шаары.

- Балкабек мырза, каттоодо турган адамдар кандай жол менен бул илдетке кабылышкан? Дегеле бул илдет Чүйдө кандай жол менен тарап жатат?

- СПИД илдети менен ооругандардын 90% баңгилер болгондуктан, бул оору ийне аркылуу жугуп жатат. Оору негизинен үч жол менен жугат. Биринчиден - ийне аркылуу, аны кан аркылуу деп коёбуз, экинчи жолу - жыныстык жол менен, үчүнчүсү, энеден балага жугат, тагыраак айтканда, эне кош бойлуу кезинде балага жугат. Бизде бул ооруну жугузгандардын басымдуу бөлүгү ийне менен жугузгандар.

- Азыркы күндө ушул көйгөйдү чечүү үчүн кандай иш-чаралар жүрүп жатат?

- Токмок шаарында «Аян - Дельта» деген өкмөттүк эмес уюм бар. Алар менен биригип, баңгилерге ийне алмаштырып берүү ишин жүргүзүп жатабыз. Мисалы, 2002-жылы 28 оору катталса, быйыл 18 оору катталды. Азыркы күндө ар бир мекемеде, ар бир мектептерде профилактикалык иштерди катуу жүргүзүп жатабыз.

Ушул кезге чейин СПИДден алдын алуу борбору Чүйдө болбогондуктан облуста бул илдет күчөп кеткен. Жогоруда биз сөз кылган борбор жакында эле мектептер арасында «Биз – СПИД оорусуна каршыбыз» деген темада атайын сүрөт конкурсун уюштурушкан. Мындан ары да ушундай иш-аракеттер улана бермекчи. Айтмакчы, СПИДден коргонуу тууралуу китепчелерди жана баракчаларды мектепке таратуунун кажети жоктугун, анткени ал китептер балдардын моралдык жактан бузулуусуна түрткү болоорун айтып, нааразычылык билдирген ата-энелер да бар. Аларга да борбор тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

МАНАСТЫН ЧЫН АТЫ ТЕПЕК БЕЛЕ?

Арбагы күчтүү Манастын ысымы жана өзү ким болгон деген суроолор илим адамдарын эбактан бери бушайманга салып келет.

Манас ким болгон, ал тарыхый инсанбы, андай экен Манас жашаган мезгил кыргыз тарыхынын кайсыл дооруна туш келет деген суроолор 20-кылымдын 40-жылдарынан баштап басма сөз каражаттарынан тарта илимий эмгектерде байма-бай козголуп келет. Манас ысымы жана анын тарыхый инсандыгына байланышкан маселени адегенде А. Н. Бернштам көтөрүп, Монголиядан табылган Сужи эстелигиндеги Йаглакар хан - Манастын прототиби болгон деп божомолдошу илим чөйрөсүндө кызыгууну жаратканы менен, бул учкул ой колдоого алынган эмес.

Кийинки кезде Санктпетербургдук тюрколог С. Г. Кляшторный Манастын прототибине байланышкан жаңы пикирди илим чөйрөсүнүн талкуусуна сунуш кылды. Анын пикирине ылайык Улуу дөөлөт убагында Кытайдын Тяньде сепилине элчиликке барган кыргыз аскер башчысы Табу Хэцзунун өзү жана анын ишмердиги кийин алтайлыктардын Алп Манашына, 16-кылымда барып кыргыздардын «Манас» эпосуна дастандык окуя катары негиз болгон. Илимпоздун 1975-жылдагы иликтөөлөрүнүн натыйжасында Түндүк-Батыш Монголиядагы Тэс суусунун өрөөнүнөн руникалык эстелик табылган. Тэс руникалык жазуусу автордун окушуна ылайык Төпек Алп Сол деген адамдын ысмы катары калыбына келтирилген.

С. Г. Кляшторный жогоруда эскерилген Кытайга элчиликке барган кыргыз аскер башчысы Табу Хэцзу менен Төпек Алп Сол бир адам болгон деп эсептейт. Анын айтымында, айтылуу синолог С. Е. Яхонтов Табу Хэцзунун ысымы кытай иероглифинен Төпүк же Төпек Сол Алп болуп окулушу мүмкүн деген бүтүм чыгарган. Табу Хэцзу же Төпек Алп Солдун Кытайдын Түндүк чеби Тяньдеге элчиликке келиши «Манас» эпосундагы «Чоң казат» окуясына, ал эми Төпек Алп Солдун өзү алтайлыктар арасында Алп Манаш, кыргыздар ичинде Манас баатырдын прототибине негиз болгон деп эсептейт Санктпетербургдук илимпоз.

Айрым кыргызстандык окумуштуулар С. Г. Кляшторныйдын жоромолун жобо катары туу тутушуп,Төпек Алп сол Манас болгон деп, атүгүл, автор сунуш кылган адам атын Тепек кылып салышты. Анткен менен сунуш ойдун түп нускасына жана анын соңку бурмаланган аталышына карата кайчы пикир жаралбай койбойт.

Биринчиден, Төпек Алп Сол менен Манасты салыштыруу же окшоштуруу тарыхый жана каармандык салмак жагынан калпыстай көрүнөт. Жалпыга маалым болгондой, Манас кыргыз элинин ханы болгон. Ал эми Табу Хэцзу же Төпек Алп Сол болсо Кыргыз мамлекетинин башчысы Ажонун тапшырмасы менен Кытай өлкөсүнөн келген аскер башчы экендигин кытай жазма булактары ачык белгилешкен.

Дастандагы Чоң казат окуясында Манас элди да, Бээжинге аттанган колду да жетектебейт. Ал катардагы жоокер катары казатка аттанат эмеспи. Эпостогу баянга караганда кыргыздар арасынан Чет Бээжинге жеткен, анын учу-кыйыры жок сепилине сереп салган жалгыз Сыргак болгону жалпыга маалым. Ошондуктан дастандын маани-мазмунун эске албай туруп Төпек Алп Сол болгон дей салыш, башынан эле мындай көз карашты карманган адамды анык жаңылыш жолго жетелээри бышык.

Экинчиден, кыргызстандык айрым билим адамдары С.Г. Кляшторный тарабынан Төпек деп окулган каарманды Тепек деп айтып да, жазып да жүрүшөт. Мында каармандын ысымы түп нускасынын одоно бурмаланып, ал түгүл, касиеттүү Манастын атына доо келтирилип жаткандай. Эгер эринбестен К. К. Юдахиндин айтылуу сөздүгүн барактап көрсөк «тепек» деген сөз «козу карын» маанисин бере тургандыгын билебиз. Манас ысымынын касиети ушунда окшойт, канчалаган илимпоздор анын маани-маңызын ачам деп аракет жасаган сайын сыр түйүнү чечилмек түгүл, анын учу-кыйыры көрүнбөйт.

ЧОРО КОЖОМЖАРОВ - КЫРГЫЗ ЭСТРАДАСЫНЫН БАШТООЧУСУ

Эл арасында улуттук эстрада музыкасынын баштоочулары, негиз салуучулары кимдер болгон деген соболдор байма-бай айтылып келет. Бул ирет кыргыз эстрадасынын баштоочуларынын бири болгон республиканын эмгек сиңирген артисти Чоро Кожомжаров тууралуу сөз кылабыз.

1967-жылдын июнь айынын башы. Кыргыздын эл артистери Б. Бейшеналиева, Б. Миңжылкыев, К. Сартбаева, А. Мырзабаев, Р. Чокоева баштаган эл шайырлары менен жаңыдан гана уюшулган кыргыз эстрада ансамбли да Канаданын Монреал шаарында өтүүчү дүйнөлүк "ЭКСПО-67" көргөзмөсүнө катышууга сапар алат. Жаңыдан эстрада музыкасынын эшигин ачып, босогосун аттап жаткан топту комузчу, обончу, терең музыкалык сабаты бар Чоро Кожомажоров жетектеп барат. Көргөзмөдө курамы өркүндөтүлгөн комуздун үч (прима, альт, бас) түрүнөн, аккордиондон, бас-гитарадан, электро-домбрадан, урма аспаптардан турган ансамблдин коштоосунда А. Мырзабаев, Б. Миңжылкыев, К. Сартбаева, З. Шакеевалар ырдашып, Б. Бейшеналиева, Р. Чокоева бийлешет. Алардын таланттары урматтоого ээ болот.

Алгачкы кадамы чет өлкөдөн башталган ансамблдин көркөм жетекчиси Чоро топту бутуна тургузуш үчүн күн тынымын, түн уйкусун үч бөлө эмгектенет. Бала кезинен атанын жана аганын кесибин аркалап, комуз кармап, күүлөрдү черткен Чоро 1955-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын эл аспаптар бөлүмүнө кирет. Балалыктын балдай таттуу кыялдарына балкыган жаш улан бактысын музыкадан таап, сересине чыккысы келет. Бат эле музыкалык сабатын жоюп, фортепианодо, домбра-примада эркин ойноого жетишет. Бир эле мезгилде ал үчүнчү курстан тартып Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде домбра-примада ойнойт. Комузчулар ансамблинде залкар күүлөрдү аткарат. Оркестрден ар кыл жанрдагы чыгармаларды угат. Аларды аткарат. Музыкалык аң-сезимин байытат. Аткаруучулук чеберчилигин төшөлтөт. 1959-жылы музыкалык окуу жайдын домбра-прима классын артыкчылык диплому менен бүтүрөт. Бүтүндөй өмүрүн музыкага арноого арымын таштайт.

Комуз баштаган музыкалык аспаптарды катыра ойноо менен бирге, Чоро обон да жазат. 1962-жылы Кыргызстан композиторлор союзу уюштурган жаш композиторлордун сынагына катышып «Биз тынчты сүйөбүз», «Ашыгы келер кез болсо», «Кызганамын» аттуу ырлары үчүн баш байгени жеңип алат. Ошентип, ал музыка дүйнөсүнө баш-оту менен кирет. Айтканынан кайтпаган, алган ишин аягына чыкмайынча жаны тынбаган Кожомжаров жаңыдан канат күүлөй баштаган ансамблдин алгачкы аспапчыларына таланттуу музыканттар С. Жумалиевди, Б. Эгембердиевди, О. Усубалиевди, А. Тезекбаевди, Ю. Черкасовду, К. Мамасалиевди тартат. Ырчылардан болсо ансамблде иштөөгө Алтынбек Сапаралиевди, Айша Базарбаеваны, Нурхан Калназарованы, Зейнеп Шакееваны, Автандил Сатылгановду, Асек Момунгазиевди, К. Барыктабасованы ж.б. чакырат.

Чоро ансамблди жетектөө менен бирге эле ырчыларга репертуар таап, тандап, обондордун, күүлөрдүн улуттук түсүн, аваздык аспаптык көркөм боёкторун өчүрбөй иштеп чыгат. Чоронун эстрада музыкасынын тилин билгени, жаңычылдыгы обончу-ырчы Эсенаалы Кушчуевдин «Ой, тобо», эл куудулу, обончу-ырчы Шаршен Термечиковдун «Кантың бар», композитор Абдылас Малдыбаевдин «Кызыл жоолукчан», Сардарбек Жумалиевдин «Дзержинский бульварым», Асек Момунгазиевдин «Студенттик өмүрүм», Токтогул Имашевдин «Бир болсок», Үсөн Сыдыковдун «Жыргалым», «Айбыгып жүрөм», Бейшеке Жандоровдун «өмүр гүлү» аттуу ырларында айдан ачык көрүнөт. Аталган обондор аваздык ажардуулугу, коштоолорунун назиктүүлүгү, элдиктүүлүгү менен угармандардын жүрөктөрүнөн түнөк табат.

Эл артисти, дирижер Сардарбек Жумалиев Чоронун адамкерчилиги, шыгы жөнүндө мындай кеп салып берди:

- Чокем жөнүндө айта турган болсом сөз көп. Чоро менен айылдан келип М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында бирге окугандан тартып, көзү өткөнгө чейин бирге иштешип, бирге жүрдүм. Ал турсун үй-бүлөлүк катышыбыз да бар эле. Азыр болсо алардын баары көз алдымда турат. Чоро чачтары жатпаган, типтик турган, чүкөдөй болгон бала эле. Азыр ойлосом ал чачына жараша өтө кайраттуу, болбогон иштерге кейип-кепчибеген, эрки бек, эч кимдин көңүлүн оорутпаган, катуу сүйлөбөгөн, жибектей созулган, кыз мүнөз сулуу жигит эле.

Чоро биринчи курстан эле комузду жакшы черте баштады. Экинчи курста домбраны кадимкидей безилдете чертип кетти. Ал ар бир аспапты өтө музыкалуулукта, өзгөчө уккулуктуу так, таза чертер эле. Баса ушул жерден эстен чыккыс, көңүлдөн өчкүс бир окуяны айта кетейин. Экөөбүз тең эл аспаптар оркестринде иштейбиз. Маэстро Асанкан Жумакматов оркестрге башкы дирижер болуп иштеп калды. Ал жаштарды өстүрөм деген демилге менен мени балалайкада Андреевдин «Жаркыраган ай», Чорону домбрада Будашкиндин чыгармасын черттире баштады. Ошол кезде Москвада кыргыз музыкасынын концерти болуп калды. Эл аспаптар оркестринин концерти Чайковский атындагы консерваториянын залында өтүп калды. Чоро экөөбүз ошол концертте биринчи жолу жекеден чыгып, Андреевдин, Будашкиндин чыгармаларын аткардык. Угуучулар кыргыздын уландары комузду эле эмес, балалайканы, домбраны да катыра чертишет турбайбы деген ойдо калышты. Ошентип, Москвада биздин аткаруучулук тушообуз кесилди.


- Сардарбек мырза, ансамблдин тунгуч катышуучусу катары Чоро кандай музыкант эле? Ошол тууралуу угармандарга айта кетсеңиз?

- Филармониянын алдына эстрада ансамбли уюшулат деп калышты. Чоро жетекчиликке дайындалды. Чокем мага: «Саке эстрада ансамблин чогуу уюштуруп, бирге иштешели» деп калды. Макул болдум. Бат эле чакан ансамблди уюштурдук. Чогуу иштеп калдым. Жаңы ырларды жаздык, обондорду аспапташтырдык. Ансамблдин тушоо кесүү концертинде менин «Дзержинский бульварым» аттуу ырымды Айша Базарбаева ырдап чыкты. Маркум Чоро тубаса өтө музыкалуу адам эле. Комуз, домбра эле эмес фортепионодо да жакшы ойночу. Ансамблде ырдайм деген ырчылардын, обончулардын ар жак-бер жагын дароо карап, ырларын шак эле иштеп чыгып, жакшы кийим кийгизип, сахнага алып чыкчу. Алардын көпчүлүгү кыргыз обончулары эле. Бир сөз менен айтканда, кыргыз эстрадасын өнүктүрүүдө эмгеги өтө зор. Биздин ансамбль алгачкы концертинен эле угармандардын жүрөктөрүнөн түнөк тапты. Кайсы жерге концерт койбойлу эл көп келчү. Билет таппай сурагандар көп болчу.

Замандашы Сардабек Жумалиев белгилегендей, Чоро Кожомжаров жетектеген эстрада ансамбли бат эле кыска элдин кыйырына, узун элдин учуна чейин белгилүү болот. Алсак, чакан топтун өнөрү менен Канаданын, Түркиянын, Монголиянын, Сириянын, Белгиянын, КМШ өлкөлөрүнүн угуучулары таанышат.

өзгөчө музыкалуу, өткөрө сабаттуу Чоро Кожомжаров иштеп чыккан С. Жумалиевдин «Жигит ай», А. Керимбаевдин «Кара көлдүн кыздары ай», Ж. Шералиевдин «Жаштык», Н. Давлесовдун «Шаардык жигитке», М. Рыскулбековдун «Чолпонбай» аттуу ж.б. ондогон авторлордун обондору кыргыздын улуттук эстрада музыкасынын уюткусун түзөт. Чоро Кожомжаров таланты ташкындап турган 39 жаш курагында табышмактуу өлүм менен мезгилсиз о дүйнөгө сапар алат. Андан бери 23 жыл өттү. Ансамбль чилче тарады. Музыкалык коомчулукта маркум Чоронун жаркын элеси, элине таштап кеткен музыкалык мурастары бирде эстелип, бирде эстелбей келет.

КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ ГРУЗИЯДАГЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО ЭМНЕ СЕБЕПТЕН БАЙКООЧУЛАРЫН ЖИБЕРГЕН ЖОК?

4-декабрда Грузияда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт. Ага Кыргызстандан байкоочу катары оппозициячыл маанайдагы саясатчылар Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жардамы менен катышат.

Өткөн жылдын 22-ноябрындагы Грузиядагы төңкөрүштү кыргыз бийлиги кыртышы сүйбөй кабыл алган. Кыргызстандагы өкмөткө ылым санаган маалымат каражаттары грузин оппозиционерлерин айыптап чыккан. Ал эми президент Аскар Акаев 30-декабрда телекөрсөтүү аркылуу «түз эфирде» калк менен баарлашкан учурда Грузиядагы бийлик алмашуунун келип чыгышын мындайча түшүндүрдү:

- Грузия 1990-жылдарда Батышка гана ыктаган саясат жүргүзгөн. Ал эмнеге алып келгени азыр баарына белгилүү.

Айрым жергиликтүү талдоочулардын пикиринде, кыргыз бийлигинин минтип Грузия төңкөрүшүн сын көз менен кабыл алышы, 4-декабрда Грузияда белгиленген президенттик шайлоого ырасмий байкоочу жибербешине алып келди.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) буга чейин КМШ мамлекеттериндеги шайлоолорго байкоочу жиберип келген. Бирок, бул ирет Грузиядагы президенттик шайлоого БШК байкоочу жөнөткөн жок. Анын себебин Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынын жетекчиси Нина Мухина каражаттын жоктугу менен түшүндүрдү.
Мыйзам чыгаруу жыйынынын адам укуктары боюнча комитетинин жетекчиси Оксана Малеваная «Грузиядагы шайлоого байкоочу жиберүүгө тоскоолдук башкада болушу ыктымал» дейт:

- Каражат жок деш мүмкүн - актануудур. Бирок Белорустагы шайлоого байкоочу жиберүүгө каражат табышты эле го? Менин оюмча, мунун сыры башка жакта болушу да ыктымал. Грузин лидерлери шайлоону акыйкат, чынчыл жана адилет өткөрүүгө убада беришкен. Шайлоонун жүрүшүн CNN телеканалы 24 саат боюнча «түз эфирде» көрсөтүп, көзөмөлдөп турат деп айтышкан. Ошондуктан менин оюмча, Грузияда демократиялык, адилет жана ачык шайлоо өтөт. Биздикилер кыязы, мына ошондой шайлоо өткөрүүнү үйрөнүүнү каалабай турушат го.

Кыргызстандан Грузиядагы президенттик шайлоого байкоочу катары Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жардамы менен Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев, саясатчы Топчубек Тургуналиев жана «Атамекен» партиясынын мүчөсү Мамат Момунов катышат. Ал эми укук коргоочу Турсунбек Акун шайлоого көзөмөлдү жеке демилгеси менен жүргүзүү максатында жаңы жыл алдында Грузияга аттанган.

Өмүрбек Текебаев байкоочу катары негизги көңүлдү буларга бурам дейт:

- Биринчи кезекте, добуш берүүнүн уюштурулушуна, анын жыйынтыгын чыгарууга көңүл бургум келет. Андан сырткары, саясий партиялардын өкүлдөрү, шайлоо штабдарынын мүчөлөрү менен жолугушуп, жалпы шайлоо кампаниясы кандай өткөнүн билүүгө аракеттенем.

Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, кыргыз бийлигинин Грузияга байкоочу жиберүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар эле:

- Бирок алар ага аракеттенген жок. Оппозиция өкүлдөрү гана мүмкүнчүлүк издеп, аны таап баратышат.

БИЙЛИКТИ ЖАКТАГАН ПАРТИЯЛАР УПАЙ ТОПТОЙ БАШТАШТЫ

Өлкөдөгү саясий партиялардын 2005-жылы өтө турган парламенттик шайлоодон үмүтү чоң. Бирок, бирин-экин партияны эске албаганда, саясий уюмдардын басымдуу бөлүгү алдыдагы саясий окуяларга батыл камдана элек.

Саясий лидерлердин көпчүлүгү депутаттыкка шайлоонун пропорционалдык системасынын Конституциядан алынып салынышы партиялардын саясий күрөштөгү мүмкүнчүлүгүн чектеп койгонун айтышат. Өткөн шайлоодо Кыргызстан коммунисттери, «Атамекен», Кыргызстан аялдар демократиялык партиясы, «Менин өлкөм» жана «ооганчылар» партиялары жана үч партиянын башын бириктирген «Демократиялык күчтөрдүн биримдиги» блогу утушка жетишкен. Бирок, алдыдагы шайлоодо көпчүлүк партиялардын жетекчилери - өздөрү деле мурдагы шайлоодогудай көп добуш алышаарына ишенишпейт.

Ага карабай, кырктан ашык партиянын ар биринде келерки саясий күрөштө ийгиликке жетсем деген дымак күчтүү. Маселен, өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен 6 депутаттык орунга ээ болгон коммунисттер келеркиде депутаттардын санын жок дегенде эки эсеге көбөйтүүнү көздөп жатышат. Мурдагы шайлоонун алдында экиге бөлүнүп калган коммунисттер мындай тилегин кайра биригүү менен ишке ашырышы ыктымал. Анткени, Клара Ажыбекова баштаган Кыргызстандын коммунисттик партиясы жакында Апсамат Масалиев жетекчилик кылган Кыргызстан коммунисттеринин партиясына кайрадан биригүү демилгесин көтөрүп чыкты.

Партияларды бириктирип, өзүнө сиңирип алуу боюнча азырынча «Алга, Кыргызстан» партиясы алдыга эч кимди сала элек. Акыркылардан болуп бул партияга экс-премьер-министр Амангелди Муралиев баштаган «Биримдик» партиясы кошулду. Бул - саясатчылардын көңүлүн бурган олуттуу окуя болду.
«Алга, Кыргызстандын» биригүү сунушуна жообун айта элек партиялардын бири – «Элмурас» партиясы. Анын төрайымы, депутат Токтокан Боронбаева «элден мурда, тигил же бул саясий күчкө кошулууну терең салмакташ керек» дейт:

- Мындай маселеде кичине алысыраак болуп туруш керек да. Анткени, бизде бул партияга жакынмын десең азыр эле «и, бул биякты колдогон партия экен», тиги партияга жакынмын десең «и, буга каршы чыккан партия экен» деп чыгышат. Мына биздин партия чордончул партия. Бизге негизгиси - мыйзам, адилеттүүлүк керек. Оңчулбу, солчул партия болобу, эгер адилеттик үчүн, чындык үчүн күрөшсө, ошол партияны балким колдойбуз.

Ал эми Кыргызстандын жаштары партиясы негизинен «Алга, Кыргызстандын» мындай демилгелерин колдойт:

- Бул куттуктай турган, колдой турган нерсе. Биздин өлкөдө көз карашы, саясий принциптери, максаттары, саясат талаасында ээлеген ордуна жараша - партиялардын бириккени жакшы. Бул идеяны мен өткөн жылдагы «Өнөктөштүк форумунда» көтөргөм.

Эгемен Кыргызстандагы «аксакал» партиялардын бири, оппозициялык маанайдагы «ЭрК» партиясынын лидери, депутат Бектур Асанов «Алга, Кыргызстандын» көз карандысыз саясий уюм экенине ишенбейт. «Келерки шайлоодо ырасмий бийликтин камчысын чабыш үчүн атайын даярдалып жаткан уюм», - дейт Б. Асанов.

Буга чейин мүчөлөрүнүн саны, саясий активдүүлүгү боюнча көзгө илинип, президенттин саясатын колдоп келаткан «Адилет», «Менин өлкөм», «Жаңы күч» партиялары «Алга, Кыргызстандын» биригүү демилгесине жоопторун бере элек. Байкоочулар ырасмий бийликтин Кубанычбек Жумалиев, Жоомарт Оторбаев, Токон Шайлиева өңдүү таасирдүү өкүлдөрү жетектеген бул партиялар «Алга, Кыргызстан» менен кызматташууга учуру келгенде макулдук берерин айтышат.

Ал эми өлкөдөгү оппозициялык маанайдагы партиялар арасында биригүү демилгеси ачык көтөрүлө элек. Муну байкоочулар оппозициялык партия лидерлеринин ыркынын жоктугу менен байланыштырууда.

- Көп кырдуу проблемалардын негизинде ушундай ыкшоолук болуп атат, - дейт оппозициялык маанайдагы саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров, - Бир чоң күчкө айланыш керек. А бизде ыдырап кокту-колоттун арасында жүрүп алып, 30дан ашык партия чыгат, кимдин ким экенин билбейсиң. Натыйжада - партиянын жетекчиси, лидери ким болсо, ошону тааныган кишилер ал партияга добуш берет. Мүмкүн менин мындай сын-пикирим саясий партияларга катуу тийер. Бирок ачуу чындык ушундай.

БЫЙЫЛ ЭКОНОМИКАДА ӨСҮШ БОЛОБУ?

Сапар Орозбаков, Бишкек Айрым талдоочулар өткөн 2003-жыл өлкөнүн экономикасы үчүн жакшы жыл болгондугун айтышууда. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда ички дүң продуктынын өсүшү 6% кем болбойт. Ал эми 2004-жыл кандай болушу мүмкүн? Бул тууралуу болжолдор кандай?

2004-жыл - Эларалык валюта корунун программасынын акыркы - чечүүчү жылы. Программанын аткарылышына жараша Париж клубу Кыргызстандын айрым маалыматтар боюнча 350 млн. доллар, ал эми башка булактарга ылайык 450 млн. доллар тышкы карызын кечүү тууралуу чечим кабыл алышы ыктымал. Ошондуктан өкмөт программада коюлган тапшырмаларды толук аткарууга жана экономикалык көрсөткүчтөрдү колдон келишинче жакшыртууга аракет кылары анык. Муну анын план–болжолуна карап билсе болот.

Өкмөт кабыл алган 2004-жылдын план-болжолуна ылайык, быйыл өлкөнүн ички дүң продуктысынын өсүш темпи өткөн 2003-жылга салыштырмалуу бир аз төмөнүрөөк болуп, бирок жалпы жонунан, жетиштүү деп айтарлык жогорку деңгээлде сакталып калат. Ал - 4,1% түзөт. Инфляция 4% ашпайт. Сомдун орточо курсу 1 доллар 44 сом болот. Өкмөт муну биз үчүн чек эмес деп, экономикалык көрсөткүчтөр иш жүзүндө андан да жакшы болушу мүмкүн экенин эскертип жатат.

- Биздин мүмкүнчүлүктөр андан көп. Андай формада эсептеп чыккан себебибиз – Эларалык валюта корунун программасында каралган шарттарды аткаруу жеңил болсун дедик, – дейт премьер-министр Николай Танаев.

Эмне үчүн өкмөт башчы быйылкы жылга мынчалык оптимисттик көз караш менен карайт? Анткени, ал «өткөн жылы кен казуу өнөр жайынан башка тармактарда жакшы жылыштар болду, алар быйыл да уланат» деп ойлойт.

- Быйыл биз биринчи жолу Кумтөрдү эсепке албаганда ички дүң продуктынын 103,4% өсүш темпине чыгып жатабыз. Азыр Кумтөр принцибинде ички дүң продуктыга мурдагыдай таасир бербейт. Негизгиси - өнөр жай ишканалары да Кумтөрсүз эле 110% көрсөткүчкө чыгып жатышат, - деди Николай Танаев өткөн жылдын акырында өткөргөн маалымат жыйынында.

Кумтөр жөнүндө айта турган болсок, быйыл апрель айынан тартып ал жерде алтын казуу иштери кескин азая баштайт деген кабар бар. Бирок өкмөт экономиканын башка тармактарында өсүш жогору болуп, ал болсо бул жоготуулардын ордун толтурарын, ошону менен бирге өткөн жылы башталган экономикалык өсүштү көп деле төмөндөтпөй кармап калууга мүмкүнчүлүк бардыгын билдирет. Анын үстүнө алтындын дүйнөлүк баасы да кескин жогорулап баратканын айтышат. Өкмөт башчы гана эмес президент да Кыргызстандын экономикасы оңолуп баратат деген ойдо.

- Биз үчүн экономикалык реформаларды баардык багыттар боюнча улантуу зарыл экени айкын. Жакынкы жылдарда биз Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн деңгээлине жетишибиз керек, – деди Аскар Акаев өзүнүн экономикалык реформалардын стратегиясы жөнүндө докладында.

Экономикалык өсүш жаман эмес болот деп эсептеген өкмөт быйыл пенсияны 15%, мугалимдердин жана дарыгерлердин айлыгын 30% көтөрүүнү белгилеп жатат. Бирок адистер бул өсүш Кыргызстан үчүн жетишсиз экенин, аны андан да жогору көтөрсө боло тургандыгын айтышат.

- Албетте, экономика алдыга жылат. Тактап айтканда, алдыга жылышы мүмкүн. Бирок аны өсүш деп айтууга болбойт. Өсүш деп 8-10% айтса болот. Мисалы өткөн жылы биздей эле эч нерсеси жок Украинада 8-9% өсүш болду. Мына ушуну өсүү деш керек, - деди белгилүү ишкер, Бишкек-бизнес клубунун мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов. Анын айтымында, бул үчүн өкмөт салыктарды кескин азайтууга барышы керек. Ошондой эле бийлик сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө мамлекеттин башкаруу системасын жакшыртуусу зарыл.

АФИНА ОЛИМПИАДАСЫ КЫРГЫЗ СПОРТУ ҮЧҮН ЧОҢ СЫНОО

Дүйнөлүк коомчулук күткөн 2004-олимпиадалык жыл жаңырды. Ушул тапта 200дөн ашуун мамлекеттер Афина олимпиадасына кызуу даярдык көрүп жатышат. Кыргыз спортунун чама-чаркы кандай?

Жаңы жылдан үмүт кылып, жакшы тилек күтүү салт эмеспи. Ошондуктан, жаңырган олимпиадалык жылда кыргыз спорту үчүн жандануунун жылы болсо деген гана тилек. өткөн жылы кыргыз өкмөтү Афина олимпиадасына 44 жолдомо жеңип алуу милдетин алдыга койгон. Бирок, учурунда каражат бөлүнбөгөндүктөн, көпчүлүк спорт түрлөрү боюнча Азия жана дүйнө чемпионаттарына кыргызстандык спортчулар барбай, олимпиадага жолдомо жеңүү мүмкүнчүлүгүнөн куру калышкан. Салыштырып көрсөк, 2000-жылы кыргызстандык спортчулар Сидней олимпиадасынын 19 жолдомосунун ээси болуп, кийин дагы 32 жолдомо колго тийген. Мындай ийгиликтин натыйжасында 51 спортчу Сидней олмипиадасына барышкан эле.

Ал эми азыркы учурда кыргызстандык 6 спортчу гана Афина олимпадасына баруу укугуна ээ. Алдыда дагы олимпиадага катышууга жолдомо берүүчү Азия жана дүйнө чемионаттары, эларалык мелдештер күтүп турат. Аларда жеңишке жетишкендерге гана жолдомо берилет. Бул жагдай тууралуу Олимпиадалык даярдоо борборунун деректири Руслан Искенов мындай дейт:

- Биздин спортчулар июль айына чейин Азиянын, ошондой эле, дүйнөнүн чемпионаттарына катышып, жакшы көрсөткүчтөргө ээ болсо, Афина олимпиадасына баруу укугун алышат. 6-январда Кыргызстандын бокс боюнча тандалма командасы Филиппиндер өлкөсүндө өтө турган Азия чемпионатына барышат. Анда биринчи жана экинчи орундарды уткандарга гана олимпиадага жолдомо берилет. Биздин бокс чеберлери жакшы даярдык көрүштү. Балким, эки-үчөө жолдомо алып келеби деген үмүт бар. Апрелде Алматада оор атлетика боюнча Азия чемпионаты өтмөкчү. Мында дагы биринчи орунду уткандар Афина олимпиадасына барышат. Буга да биздин оор атлетчилер мыктылап даярдык көрүп жатышат. Спорттун беш түрүнөн да, сууда сүзүү боюнча суучулдар, мергендер, балбандар дагы жайга чейин олимпиадага баруу укугуна ээ болуп калышы ыктымал. Ал үчүн каражатты өз учурунда берип, камкордукка алып, жакшы шарт түзүп беришибиз керек.

Айта кетчү жагдай, 6-январда Филиппиндер өлкөсүндө өтө турган бокс боюнча Азия чемпионатына барчу Кыргызстандын командасына эң тажрыйбалуу бокс чебери, дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, Пусанда өткөн 14-Азия оюндарынын коло байгесинин ээси, Сидней олимпиадасынын катышуучусу Таалайбек Кадыралиевдин кошулбай калганы табышмак болуп турат. Пусанда коло байгеси үчүн кувейттиктер сунуш кылган 30 миң долларды албай, кыргыз намысын бийик койгон Таалайбек жаштарга үлгү болуп, балким акжолтой болуп Афинага дагы жолдомо жеңип алат беле? Командага илинбей калганына намыстанган Таалайбек Кадыралиев өз каражаты менен февраль-апрель айларында өтчү мелдештерге катышып, Афина олимпиадасына жолдомо жеңип алууга ниет кылууда.

Грек-рим күрөшү боюнча Атланта жана Сидней олимпиадаларынын катышуучусу, Азиянын 2 жолку чемпиону, дүйнө биринчилигинин коло байгесинин ээси Раатбек Санатбаев Афинада кыргыз спортчулары кандай орундарга жетиши ыктымал деген божомолун биз менен мындай бөлүштү:

- Эркин күрөштөн жаштар арасында дүйнө чемпиону Надырбек уулу Уландан үмүт кылса болот. Ал, дагы жакшылап даярдык көрсө, эларалык мелдештерге катышып, чеберчилигин жогорулатса Афинада байгелүу орунга илинип калышы ыктымал. Ал эми грек-рим күрөшүндө Уран Калилов өткөн жылы Францияда болгон дүйнө чемпионатында олимпиада чемпиондорун утуп алып, спорт адистеринин оозун ачырды. Ал азыр дүйнөдөгү 10 мыкты балбандын катарында турат. Уран дагы кыргыз элин дүйнөгө таанытып, олимпиадалык байге алышы ыктымал. Себеби, олимпиаданын жүрүшүндө күтүлбөгөн окуялар арбын болот. Мурда эч ким билбеген спортчулар олимпиадалык бийиктиктерди багындырып калган учурлар тарыхта көп. Оор атлетчилерден жолдомо алышса Каныбек Осмоналиевдей болуп Улан Молдодосов кыргыз өңүн дүйнөгө таанытышы да ажеп эмес. Велоспорттон Евгений Ваккер да мыктылардын сабына кошулуп калышы ыктымал. Эларалык чоң марафондорду утуп жүргөн жөө күлүк Ирина Богачева мыкты даярдык көрсө бизди кубантат. Себеби, ал олимпиада чемпиону болгон жапондук атаандаштарын кийинки кезде артка калтырып жүрөт.

Белгилүү балбан Раатбек Санатбаев белгилегендей, каражат маселеси учурунда чечилсе, кыргызстандык жыйырмадай спортчу Афина олимпиадасына жолдомо жеңип алышы мүмкүн.

АКЫН ЖАНАРА МАМАДАЛИЕВАНЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ

Кожогелди Култегин, Ош Ош шаарында таланттуу жаш акын кыздар өсүп келатат. Алиман Абдыкеримова, Аида Боронова, Нарсулуу Гургубаева, Рахат Камбардинова, Жанара Мамадалиева жана Жанара Шерматова - баарысы тең тырмак алды китептерин чогуу чыгарышкан. Бул жолу жаш акын кыз Жанара Мамадалиеванын чыгармачылыгы тууралуу учкай сөз болот.

Жанара Мамадалиеванын «Жанар» китепчесиндеги ырлар айтайын деген оюнун конкретүүлүгү жана салыштырууларынын тактыгы менен эсте калат. «Ала каргалар» аттуу ырына окуп көрөлү:

Зымга конуп бир топ ала каргалар
Катар турат көзмончоктой тизилип,
Колго такчу көзмончоктун дал өзү
Кетпесе экен капилеттен үзүлүп.


Ырдын бир түрмөгүндө эле Жанара Мамадалиева зымга тизилип отурган ала каргаларды колго такчу көзмончоко окшоштуруп, ал турсун ошол көзмончок капилеттен үзүлүп кетпесе экен деген тилегин айтууга үлгүрдү. Ырды ушул жерден бир түрмөк менен эле бүтүрүп койсо да болмок. Бирок акын кыздын фантазиясы ырды андан ары ырааттуу өнүктүрөт:

Көздөрүм да ала карга өңдөнүп
Мен жетпеген жерге жетет алаңдап,
Чексиздикти көрүп турам азыр да,
Алп тоолорду карап турам абайлап.


Эми ала каргаларга адамдын көзү абдан ылайыктуу салыштырылды. Адамдын көзү да ала каргалардай адам жетпеген жерлерге учуп жетет. Алп тоолорго жетүүгө дароо эле даай албай турат деген көркөм туюм ырды дагы бир тепкичке өйдө көтөрүп койду. Жанара Мамадалиеванын бул ыры:

Менимче көп табиятта окшоштук.
Анын баарын жалгыз гана көз көрөт.
Карегим бүт сулуулукту сиңирип,
Мончок кылып жүрөгүмө өткөрөт,
- деген саптар менен аяктайт.

Анчейин этибар алынбаган ала каргалар да жаратылыштын сулуулугу. Дал ушундай сулуулуктарды карегим мончок кылып жүрөгүмө өткөрүп берет дегени, демек алардын барысына жүрөк менен мамиле кылалы деген акын кыздын поэтикалык жыйынтык ою. Ала каргалардан ушунчалык поэтикалык ассоциацияларды табыш Жанара Мамадалиеванын жаңы ачылган талантынын күчү десек жаңылышпайбыз. Эми китепчедеги «Үйгө конок келгенде» деген ырына кайрылалы:

Мени менен кошо конок күтүшүп,
Мейманымды кайра чогуу күзөткөн,
Жалбырак түс чөгүн менен чылапчын,
Эгиз кызга окшоп кетет бир өскөн.

Очок, казан, самоор - баары сүйүндү
Адамдардын добушун угуп сүйлөшкөн.
Өткүр бычак сабиз басса тактайга,
А чайнектер чай ташышты үзбөстөн.

Оттор күйдү күндөгүдөн жалындап,
Төшөктөр да үстөк-босток салынып,
Бут кийимдер машинадай тизилип
Турат ээсин алып кетүүгө камынып.

МУРУНКУ ӨКМӨТ БАШЧЫ АТКАРУУ БИЙЛИГИН СЫНДАДЫ

Экспремьер-министр Курманбек Бакиев Николай Танаев баштаган өкмөт Эл аралык валюта корунун жетегинде көзүн жумуп баратат деп жыл аягында сынга алды. Экспремьердин пикиринде, анын айынан өлкө өнүкпөй жатат.

Кыргызстан Эл аралык каржы уюмдары менен эгемендүүлүк алгандан бери кызматташып келатат. Өлкөнүн каржылык муктаждыктарынын негизги бөлүгүн Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору берген насыя акчалар толтуруп келет.

2000-жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоодон кийин Эл аралык валюта кору менен Кыргызстандын кызматташуусу начарлап, 2001-жылы ал насыя берүүнү токтоткон. Бирок эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2002-жылдан тарта кызматташуу кайра уланган. Ага ылайык Эл аралык валюта кору Кыргызстан менен 3 жылдык программа кабыл алып, анын алкагында 100 млн доллардан ашуун насыя бөлүүгө макул болгон. Ал програманын алкагында Эл аралык валюта корунун талаптары булар дейт премьер-министр Николай Танаев:

- ЭВФ каттуу акча-насыя саясатын жүргүзгүзгүлө. Тапкан акчаңарга карап жашагыла дейт. Андан башка бизге эч кандай талап коюлган эмес, дейт Николай Танаев.

2003-жылы ал программанын 2-жылы аяктады. Эгерде программанын үчүнчү бөлүгү, башка айтканда, быйылкы жылдагы талаптары аткарылса, анда Кыргызстандын 2 млрд долларга жакын тышкы карызынын 450 млн кечүүгө шарт түзүлөт дейт премьер-министр Николай Танаев:

- Биз эл аралык кору менен түзүлгөн программанын алкагындабыз. Эгерде катуу бюджеттик-кредиттик саясат жүргүзсөк 450 млн доллар тышкы карызды жоюуга шарт түзүлөт. Эгерде ал программа болбогондо жол, өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу салыктарды алып салсак болмок. Бирок алардын ордун толтуруучу булактарды таба элекпиз. Биз Эл аралык валюта кору менен түзүлгөн программадан чыга албайбыз. Эгерде азыр кээ бир популисттер айтып жаткандай, ЭВФ менен байланышты үзүп салсак, көптөгөн социалдык программалар аткарылбай калат,- дейт Николай Танаев.

Бирок Эл аралык валюта кору менен кыргыз өкмөтүнүн кызматташуусун мурдагы премьер-министр Курманбек Бакиев сынга алды. Бакиевдин пикиринде, Эл аралык валюта кору Кыргызстанда өнөр жайдын өсүшүнө кызыкдар эмес. Анын максаты булар дейт Бакиев:

- Алар негизинен бюджеттин таңсыктыгына, сомдун туруктуулугуна көңүл буруп, макроэкономикалык туруктуулук болушуна басым коюшат. Ал дагы туура. Бирок ошол багытта эле тура беребизби? Биздин өлкө өсүп-өнүгүш керек. Ал үчүн салыктарды кыскартышыбыз, кошумча салыктарды киргизбешибиз керек. Ал эми бизде тескерисинче кошумча салыктарды киргизип жатат. Мындай шартта биз кедейчиликтен чыга албайбыз,- дейт Курманбек Бакиев.

Экспремьер-министрдин пикиринде, кыргыз өкмөтү Эл аралык валюта кору менен сүйлөшүүдөн Кыргызстандын кызыкчылыгын, өзүнүн экономикалык кызыкчылыгын коргоого тийиш:

- Өзүбүздү экономикалык саясатыбызды негизги багыт кылып алып, ошого Эл аралык валюта корун көндүрүшүбүз керек. Кээ бир учурда Эл аралык валюта кору өзүнүн позициясында бекем турат. Биздин өкмөттө ошондой бекемдик жетишпейт. Муну мамлекет башчысы өзү көзөмөлгө алып, өзү катуурак туруш керек,-дейт Курманбек Бакиев.

ПРЕЗИДЕНТТИК ОРУНГА АТААНДАШТАР АБАЙ САЛЫП КАРАП ТУРУ

Кийинки жылдары президент А.Акаевдин бийликтен кетер-кетпеси тууралуу жоромол кептердин аягы үзүлбөй келатат. Коомдук пикирдин антип президент А.Акаевдин айланасына топтолуп калышынын да себеп-жөнү бар. 1990-жылдан бери бир кызматта отурган президент А.Акаевдин кызматтан кетер-кетпеси тууралуу божомолкептердин парламент менен президенттик шайлоо жакындаган сайын аягы суюлбай, чоң саясий маани-мазмун алууда.

Президенттик бийликтин Конституциялык мөөнөтү Кыргызстанда он жыл менен чектелген. Андан өтүп кеткени бийликтен аша пайдаланган амалпоз катары мыйзам тартибинде жоопко тартылышы белгиленген.

Мыйзамдык негизге таянып иштеп аткан президент «экинчи мөөнөтүн» аяктап аткан чакта бийлик проблемасы кайрадан калкып чыкты. Калыстык үчүн айта кетиш лаазым, Кыргызстанда бийликтин маалы келгенде биринчисинен экинчисине тынч-аман өтүшүнө ишенгендерге караганда аны караманча тангандардын саны көп. Анткен менен постсоветтик Борбор Азия республикаларында бийликтин бир колдон экинчисине тынч кол менен өткөрүлүшү иштиктүү демилгеге караганда кыялый ой-тилекке көбүрөөк жакын.

Постсоветтик Борбор Азия республикаларындагы бийликтин тынч колдон биринен экинчисине өтүшү былтыркы Азербайжан менен Грузиядагы эки саясий окуядан соң ажырым мүнөздөгү маани-мазмунга ээ болуп чынга келди. Кыргызстан парламентинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ташболот Балтабаевдин пикирине караганда Кыргызстанда бийлик биринчисинен экинчисине тынч кол менен өтүшүнө толук негиз бар.

- Чынын айтканда, бийликтин бир колдон экинчисине тынч өтүшү тууралуу божомол куруш кыйын, - дейт Ташболот мырза. - Бирок мен башка принцибин айтып коеюн деген ойдомун. Мына биз 12 жылда демократиянын Орто Азиядагы лидери катары, демократиянын баштоочусу катары таанылып келдик. Бирок да тарыхтан билебиз, бийликти берүү кыйын болуп келген. Бийлик кумарчысы деп коет, ошого кирип алгандан кийин чыгышы кыйын болот. Мен ойлойт элем, ушу Аскар Акаевич туңгуч президент катары, «демократиянын атасы катары» кыйынчылык мезгилде кыргызга жол баштаган киши катары, мамлекеттүүлүктүн 2200 жылдыгы деп атабыз, ошого кыйын кезеңде туруштук берген лидер катары тарыхта калса, чоң абийир менен өз ордунда татыктуу калса абдан туура болот эле.

Ушу тапта «экинчи мөөнөтүнүн» өтөлүн өткөрүп аткан кыргыз президенти кезектеги шайлоого талапкер катары катышпастыгын өткөн жылы эле жарыя кылган жайы бар.

- Мен бул маселеге эки ирет жооп бергем. Конституциянын жаңы редакциясы мага эч кандай жаңы мандат бербейт. Ошон үчүн келгиле, буга соңку чекитти коелу. Дагы кошумчалап айтып койчу сөзүм бар. 2005-жылкы шайлоо мыйзам негизинде, Конституциянын жаңы редакциясынын талабына ылайык өтүшү керек.

Мамлекет башчысынын улам-улам эскерткенине карабай, бийликтин бир колдон экинчисине тынч-аман өтүшү ушу азырга дейре кызуу талашка айланып келүүдө. Кыргызстан жазуучулар бирлигинин кеңеш мүчөсү акын Абдырахман Алымбаевдин пикирине караганда, президенттин сөзүнө ишенүү керек. Себеп дегенде, мамлекет башчысы ичтен чыкканы чын сырын алдыга жаюуда.

- Бул Конституция – Негизги мыйзам так сакталыш керек. Жок андай болбой, биздин биринчи президентибиз өзү бузуп, 3- же 4-мөөнөттөргө калуу аракетин жасаса анын арты жакшы болбой калышы мүмкүн.

Кыргызстанда президенттин билдирүүсүнө карабай, бийликтин бир колдон экинчисине тынч-аман өтүш проблемасы олуттуу талашка айланууда. Анын ачык жообу жыл аягында такталат окшоп калды.

ПРЕЗИДЕНТ СОЦИАЛДЫК ДЕМ-ШЫККА АБЫДАН ИШЕНЕТ

Быйылкы жыл Кыргызстанда «Социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылы» деп жарыяланды. Буга байланышкан жардыгын президент Аскар Акаев 27-декабрда чыгарып, анын аткарылышын көзөмөлдөөнү мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовго тапшырды.

«Социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылын» жарыялоо идеясы өткөн жылы эле пайда болуп, жыл ичинде мамлекеттик жетекчилер бул демилгени ар кыл жыйындарда такай колдоп келишкен. Ал эми 15-октябрда президент А.Акаев парламент менен калкка жолдогон кайрылуусун дал ушул идеяга арнаган.

Президент Акаевдин оюнча 2010-жылга чейинки Комплекстүү Өнүгүүнүн Негиздерин, 2003-жылы башталган Жакырчылыкты кыскартуу боюнча үч жылдык программаны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар менен атуулдук коомдун күч-аракеттерин бириктирүү керек. Бул бийликтин калктын колуна өтүшүн жана элдин турмушунун оңолушун шарттайт.

- Бүгүнкү күндүн иш жүзүндөгү максаты жана урааны - «Ар бир үйгө байгерчилик». Социалдык мобилизациялоо, экономикалык иш-аракеттердин эркиндиги жана акниет башкаруу аркылуу келерки жылы биз негизинен кедейчиликти кыскартуу жана адамдардын татыктуу жашоосун камсыз кылууга чечкиндүү кадам жасоого тийишпиз. 2010-жылга чейинки кабыл алынган милдеттерибизди орундап, кедейчиликти эки эседен кем эмес кыскартуу жана 10 жыл аралыгында калктын реалдуу кирешесин эки эсе жогорулатуу зарыл, - деп белгилеген Акаев парламентке жана Кыргызстандын калкына жасаган акыркы кайрылуусунда.

Президент быйылкы жыл өлкө экономикасын чыңдоо, адамдардын жашоо-тирдигин оңдоо үчүн болгон ресурстарды издештирүүнүн жана пайдалануунун жылы болушу керек, деп эсептейт жана бул демилге өлкөнү жаңы деңгээлге көтөрөөрүнө ишенет. Ал үчүн жер-жерлерде штабдар түзүлүп, социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу багытындагы демилгелер жапырт колдоого алынышы керек.

- 2005-жылы болуучу шайлоодо адамдар ар бирибиздин ишибизге айылда, шайлоо округдарында, райондордо жана шаарларда жүрүп жаткан реалдуу өзгөрүүлөргө жараша баа беришет. Чыныгы иштер гана элдин ишеничине жана мандатына ээ кылат, - деп шерденткен.

Бирок, президенттин саясатын колдобогон саясий ишмерлер келерки жылдын социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылы катары жарыяланышын шайлоо өнөктүктөрүнүн алдындагы элдин көңүлүн өзүнө буруу максатында жасаган президенттин аракети катары сыпаттап жүрүшөт.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынынын депутаты Алевтина Проненконун пикирине караганда, калктын турмушу оңолгон жери жок, өкмөт бардык аракеттерин шайлоого байлап жатат:

- Албетте, алдыда парламенттик, президенттик шайлоо турат,-дейт парламентте сүйлөгөн сөзүндө А.Проненко,- Биз бүгүн ошол шайлоого иштей турган аппаратты, башкаруу тармагын жандантып, келерки жылы шайлоого иштей турган мугалимдердин айлыгын төлөп беришибиз керек, ошол эле шайлоого иштей турган милициянын айлыгын көтөрүшүбүз керек. Ошол эле учурда караламан калкка берген убадабызды аткарган жерибиз жок.

«Арнамыс» партиясынын башчысынын орунбасары Эмил Алиев болсо президенттин бул демилгесин жылыга эле көтөрүп, бирок, тыянаксыз калган көп демилгелеринин бири, дейт:

- Бул бир жагынан саясат үчүн, экинчи жагынан реалдуу иш жоктугуна байланыштуу элди ураандар менен алдаш үчүн жасалууда.

Президент Аскар Акаевдин жардыгына ылайык бир ай ичинде «Социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу» жылын уюштуруу боюнча программа иштелип чыгып, президентке сунушталышы керек. Программаны иштеп чыгуу Мамлекеттик комиссияга жүктөлгөн. Бирок, комиссиянын президент сунуштаган курамын жана жетекчилигин президенттик администрация ачыктай элек.

2003-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН КООПСУЗДУГУН САКТООДО ЭМНЕЛЕР ЖАСАЛДЫ?

Өткөн 2003-жылы кыргыз бийлиги өлкөнүн коопсуздугун жана коргоо жөндөмдүүлүгүн арттыруу үчүн кандай иштерди жасады. Кандай кемчиликтерге жол берилди? Террорчулукту жана экстремизмди алдын алуу боюнча эмне аракеттер болду?

Кыргызстан үчүн террорчулукка каршы күрөш жана өлкөнүн коопсуздугун коргоо маселеси 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясынан кийин өзгөчө мааниге ээ болгону белгилүү. Ага чейин өлкөнүн жетекчилиги Кыргызстанга армиянын зарылдыгы барбы же жокпу деген арсар ойдо саясат жүргүзүп келгени да маалым. 2001-жылдын 11-сентябрындагы Кошмо Штаттарындагы окуядан кийин террорчулукка каршы күрөш дүйнөлүк масштабга чыгып, АКШнын Ооганстандагы жана Ирактагы аскерий аракеттерин шарттады. Кыргызстан Ооганстанга географиялык жактан жакын жайгашкандыктан, антитеррордук күрөшкө «Манас» аба майданы аркылуу өз үлүшүн кошкону маалым.

2003-жылы Кыргызстан өз коопсуздугун чыңдоодо дагы бир олуттуу кадам жасады. 23-октябрда Кантта Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында Орусиянын авиабазсы ачылды. Орус президенти Владимир Путиндин айтымында, авиабазаны ачууга Борбор Азияда дале болсо террорчулуктун коркунучу сакталып турганы башкы себеп болду:

- Борбор Азиядагы бүгүнкү аскердик-саясий абал негизинен туруктуу. Бирок ошол эле убакта, тыштан кол салуучу террордун коркунучуна да көз жуумп коюуга болбойт. Ушундай шартта Кантта авиабаза ачуу өз убагында жасалган зарыл иш-чара.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аскар Айтматов Кыргызстан өзүнүн жана жалпы эле Борбор Азиянын коопсуздугун сактоодо Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна ишенип жатканын 20-ноябрда аталган уюмдун Тышкы иштер министрлеринин Бишкекте өткөн жыйынан кийин минтип билдирген эле:

- Аймактагы коопсуздукту жана биздин мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишенимди Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна артып жатабыз.

Кыргыз парламентинин депутаты, армиянын генералы Исмаил Исаковдун айтымында, Канттагы орус авиабазасы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкыганда мурда эле ачылышы керек эле.

- Уюмдун алкагында аба мейкиндигин биргелешип кайтаруу жөнүндө келишим бар. Ошонун негизинде Кантка орус учактарынын келиши коопсуздукту чыңдоого жакшы салымын кошот. Эмне дегенде, Кыргызстанда өз аба мейкиндигибизди коргоочу күчүбүз жок.

Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан тышкары Шанхай кызматташтык уюмуна да мүчө. Шанхай уюмунун антитеррордук борбору мурда айтылып келгендей жана уюмдун Хартиясында көрсөтүлгөндөй Бишкекте эмес, Ташкенде быйыл ачылды. Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин айтымында, уюмдун антитеррордук борборун Бишкекте ачууга, ал аркылуу Кыргызстандын коопсуздугун чыңдоого бардык шарттар бар болчу. «Бирок мамлекет тарабынан тийиштүү иштер жакшы жүргүзүлбөгөндүктөн, демилгени Ташкен колго алды», - дейт М. Иманалиев.

Өлкөнүн коопсуздугу чегараны коргоодон башталаары, чегарада болсо чечилбеген көп көйгөйлөрдүн бар экени 25-декабрда өткөн өкмөттүк жыйында айтылды. Кыргызстандын Чегара кызматынын төрагасынын орун басары Нурдин Чомоевдин маалыматына таянсак, чегаранын бардык эле тилкелери аскерлердин көзкырында турбайт экен. Анткени, Чегара кызматы адам тургай, ат жеталгыс ак кар, көк муз баскан бийик тоолорго барууга чамасы жок. Баралы дешсе тик учагы (вертолету) жок. Нурдин Чомоевдин айтымында, Өзбекстан менен чегаранын такталбаганы эки мамлекет ортосунда бир топ маселелерди жаратууда.

Өзбекстан демекчи, 10-декабрда Аксы районунун Кербен айылына Өзбекстандын күч органдарынын 9 кызматкери кыргызстандын бийлигинин уруксатысыз кирип келгени жана Жалалабад облусунун мурдагы прокурору Айбек Турганбаевдин өз убагында кылмыш ишин козгобогону, дале болсо өлкөнүн коопсуздугун коргоодо чечилбеген көп маселелердин бар экенин көрсөттү.

Улуттук коопсуздук кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, учурда Террорчулукка каршы күрөш боюнча аймактык борборду жетектеп жаткан, полковник Иманберди Жалиловдун айтымында, Ганси атындагы жана Канттагы авиабазалардын Кыргызстанда жайгашуусу менен эле өлкөнүн коопсуздугу чыңдалып калды деп эрте жыйынтык чыгарууга болбойт. Иманберди Жалилов баарыдан мурда Улуттук коопсуздук кызматын чыңдоо керек дейт:

- Эгемендикке жеткенден кийин каражаттын тартыштыгынан улам Улуттук коопсуздук кызматынын функционалдык милдеттерин аткарууда айрым тоскоолдуктар пайда болду. Бул – баарыдан мурда материалдык – техникалык жактан камсыздоо менен байланыштуу. Экинчи бир өксүк – Улуттук коопсуздук кызматына адистерди даярдоодо бир аз кемчиликтер бар.

2003-ЖЫЛДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН ТЫШКЫ САЯСАТЫ

Өткөн жылда Кыргызстандын тышкы саясаты кайсы багытта өнүктү? Жаңы жылга кандай чечилбеген маселелер калды.

Кыргызстандын өткөн жылдагы тышкы саясаты Өзбекстан багытын кошпогондо, негизги өнөктөштөрү менен кызматташууну чыңдоо жолунда болду. Албетте, буга Кыргызстан АКШ, Орусия жана Кытай өңдүү улуу мамлекеттердин ар бирининин талабын канааттандыруу менен жетишти. Маселен, 2000-жылкы Кыргызстандагы парламенттик жана президенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу АКШ менен салкындай түшкөн мамиле «Манас» аба майданын Вашингтон баштаган антитеррордук коалиция күчтөрүнө берүү менен калыбына келди.

Ал эми Орусиянын геосаясий таламдарын канааттандырып, 2003-жылы Кант аба майданын берип, Москва менен Бишкектин ымаласы артты.

Кытай менен мамиле Үзөңгүкууш боюнча келишимден кийин өзгөчө жанданып, кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлдү дешет талдоочулар. Анын натыйжасында, акыркы кезде Кыргызстандын министрлери Кытайга байма-бай каттай башташты. Маселен, декабрь айында эле Кытайда биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, министрлер Кубанычбек Жумалиев, Бакирдин Субанбеков, Эсен Топоев, Улуттук банктын башчысы Улан Сарбанов сапар менен болуп кайтышты.
Кыргызстандын Борбор Азиядагы саясаты болсо Казакстан менен «Биримдик тууралуу келишим» түзүү жана унаалардын тоскоолсуз өтүшүн камсыздаган макулдашууга жетишүү менен ийгиликке жетти.

Бирок Өзбекстан менен катаал мамиле сакталууда. Ал эми Тажикстан менен суу-энергетика, жол багытында кызматташтык боюнча макулдашууларга ушул жылдагы Николай Танаевдин Дүйшөмбүгө сапары учурунда жетишилди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аскар Айтматов өлкөнүн өткөн жылдагы тышкы саясатын ийгиликтүү деп атап, буларга токтолду:

- Бардык багыттар, бардык тармактар боюнча биз чоң ийгиликтерге жетиштик. Тышкы саясаттагы жыл ичиндеги эң маанилүү окуя - Казакстан менен «Биримдик тууралуу келишим» түзүүгө жетиштик. Бул - тарыхый окуя болуп калды.

Азыркы министрдин баасына мурунку Тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев негизинен кошулуп, бирок Жапония менен мамиленин салкындашын, Өзбекстан менен мамиленин татаал бойдон калышын белгиледи:

- Жалпылап айтканда, кээ бир багыттарда ийгиликтер болду. АКШ, Орусия, Кытай менен жакшы иш жүрдү. Кээ бир багыттарда кемчиликтер болду, маселен, менин оюмча Жапония менен мамилени кичине бузуп алганыбыз туура эмес болду. Ал эми Өзбекстан менен мамиледе өзгөрүүлөр жок. Мурдагы кыйынчылыктар сакталып турат.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын Тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Алишер Абдимомунов өлкөнүн тышкы саясатында стратегия жоктугун белгилеп, буларды айтты:

- Тышкы иштер боюнча мамлекеттик идеология, стратегиялык максат коюла элек. Бирок анча-мынча тактикалык иштер жасалып жатты. Алар бир-эки жылдык максаттарды көздөөдө. Ал эми акыркы кезде Казакстан менен болгон мамиле алдыга жылгандай болуп жатат.

ӨТКӨН ЖЫЛЫ ӨЛКӨГӨ ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУНУН АБАЛЫ КАНДАЙ БОЛДУ?

Кыргыз өкмөтүнүн билдирүүсү боюнча, 2003-жылы Кыргызстандын тышкы инвестицияны тартуу мүмкүнчүлүгү артып, өткөн жылга салыштырмалуу 28% көп акча тартылды. Инвесторлор өлкөнүн кайсы тармактарына кызыкты жана келген каражаттар кайда жумшалды?

Тышкы инвестицияларды тартуу боюнча президенттин атайын өкүлү, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, быйыл Кыргызстанга бардыгы болуп 116 млн. долларлык түз инвестиция келди. Муну он чакты мамлекеттин инвесторлору берип, 17 млн. долларлык ири инвестиция АКШга таандык болду. Ал каражат Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү келечектүү тармактар деп эсептелген алты багытка жумшалды. Ал тууралуу Жоомарт Оторбаев:

- Биринчиден, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, туризм, тоо-кен, транспорт, энергетика жана банк тармактарына жумшалды, - деп билдирди.

Оторбаевдин айтымына караганда, инвестициялык абалдын оңолушуна өлкө ичиндеги тоскоолдуктарды, анын ичинде, административдик тоскоолдуктарды жоюу аракеттери жемишин берди. Ал үчүн 2003-жылы 56 мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Ушундан улам инвестиция боюнча 2003-жылдагы башкы өнөктөш Орусия менен Казакстан болду. Жаңы жылда алар менен кызматташуу дагы бекемделет деген үмүт бар.

- Быйыл тогуз айдын ичинде Орусиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясынын көлөмү 10% көбөйдү, - дейт Жоомарт Оторбаев. - Эң чоң прогресс Казакстандын инвесторлору тарабынан жасалып, алардын инвестициясынын көлөмү төрт эсеге көбөйдү. Бул биз үчүн абдан маанилүү факт. Себеби, Казакстан келечекте экономика боюнча биздин башкы стратегиялык өнөктөшүбүз болот. Казакстандын ички рыногу абдан зор. Биздин рынокко салыштырганда анын көлөмү он эсеге чоң. Казакстандын экономикалык өнүгүүсү да улам жогорулап баратат. Акыркы 3-4 жылда эле ички дүң продукциянын көлөмү 9-10% жетти. Бул багыттан алганда биздин экономикабызды интеграциялоо зарыл жана инвестициянын көлөмүнүн өсүшү анын көрүнүктүү фактысы.

«Кыргызстандын инвестициялык абалы жакшырды деп бааланган менен анын натыйжасы өлкө экономикасын өйдөлөтүүгө салым кошкон жери жок» деген сын пикирлер да жок эмес. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбековдун айтымында, азыр чет өлкөлөрдүн ири инвесторлору Кыргызстанга келген жери жок. Алар акчасын Орусия менен Казакстандын экономикасына салып жатат. Ири инвесторлорду Кыргызстандын салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча жүргүзгөн саясатынын туруксуздугу менен бюрократиялык тоскоолдуктар үркүтүүдө. Депутат Ишенбай Кадырбеков Кыргызстанга келип жаткан каражаттардыинвестиция эмес, кадимки эле карыз дейт:

- Бул инвестиция эмес, кадимки эле кредит, карыз. Инвестиция болсо алар акчасын берип, маселен бир курулушка салат. Өкмөткө анын эч кандай тиешеси жок. Өкмөт карыз алып, анын процентин бөлүштүрүп төлөп жатат. Азыр Бишкек-Ош жолун курууга кетип жаткан акчаны да инвестиция деп атап жатышат. Ал эч кандай инвестиция эмес, кадимки эле карызга келген кредит. Бишкектеги «Бета-Сторес» дүкөнүн курган киши - чыныгы инвестор. Ал дүкөндү курууга кеткен акчасын салып, азыр пайдасын көрүп жатат. Инвестиция деген ушу. Инвестиция келип жатат деп алдап, эле кредит алып жатышат. Биз инвестиция алуунун туу чокусуна 1993-жылы жеткенбиз. Андан кийин анын көлөмү кескин төмөндөгөн. Ага экономикалык саясатыбыздын туура эместиги, салыгыбыздын чоңдугу түрткү болгон. Азыр бизге инвестицияны эч ким берген жок.

Ал эми президенттин тышкы инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлү Жоомарт Оторбаевдин айтымында, жаңы жылдан тартып чет элдик инвестицияга жакшы өбөлгө түзчү Эмгек, Бажы, Салык кодекстерине жана «Күрөө жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорлор даярдалды. Андан тышкары техникалык жөнгө салуу концепциясынын жана «Жөнгө салууну кайра түзүү» концепциясынын долбоору даяр. «Алар кабыл алынса өлкөнүн инвестициялык абалы дагы бир баскычка көтөрүлөт», - дейт Ж. Оторбаев.

ПРЕЗИДЕНТ ЖУРНАЛИСТТЕРДИ КЫЛМЫШ ЖООБУНАН АРАЧАЛАЙ АЛАБЫ?

Президент Аскар Акаев жакында парламентке Кылмыш кодексинин жана «Мамлекеттик жыйымдар жөнүндө» мыйзамдын айрым беренелерин өзгөртүүнү сунуштады. Маалымат каражаттарынын укуктарын коргоо максатын көздөгөн бул сунуштун оош-кыйыштары жөнүндө «Коом жана турмуш» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында сөз болот.

Бурулкан Турдубек кызы: - Бул ирет биз журналисттердин кесиптик укуктарынын айрым өңүттөрүн талкуулайбыз. Маселенин көтөрүлүшүнө президенттин маалымат каражаттардын укуктарын коргоо максатында Кылмыш кодексинин жана «Мамлекеттик жыйымдар тууралуу» мыйзамдын айрым беренелерине өзгөртүү киргизүү тууралуу сунушу негиз берди.
Президент Кылмыш кодексинин 127-жана 128-беренелеринен жалаага жана шылдыңдоого байланышкан жоболорду алып салууну каалайт. Президент экинчи долбоорунда «Мамлекеттик жыйымдар жөнүндө» мыйзамга түзөтүү киргизүүнү сунуштаган. Ага ылайык абийир, арнамысын коргогусу келген тарап сотко 1 минималдык айлык эсебинде акы төлөйт, кокус ал айып өндүргүсү келсе, талап кылган айыптын 5% төлөшү керек. Мамлекет башчысы парламентке мындай долбоорду жакында түзүлгөн Медиакеңештин сунушуна ылайык жөнөтүп отурат. Бирок, акыркы 4-5 жылда үчүнчү ирет сунушталып жаткан бул долбоорлорду парламент колдоп берери азырынча күмөн. Анткени, биздин жүргүзгөн сурамжылоолорго караганда, депутаттар арасында жалааны тизгиндөөчү мыйзам жобосу керек деп санагандар арбын. Алардын бири - депутат Кубатбек Байболов.

- Кубатбек мырза, Президенттин демилгеси эмне үчүн сизди канааттандырбай жатат?

- Жалаа деген феномен бар да. Өзгөчө бийлик чөйрөсүндө, бийлик талашта ушул жол менен атаандаштарды алып салуу ыкмасы колдонулушу ыктымал. Демек, ушундай феномен болгондон кийин, мыйзамда дагы ушуну тескеген берене болушу керек да. Анан, эгерде биз бири-бирин жамандоо деген дээрлик жок деп, аны алып салалы. Анда эртең эле ошол ыкмалар менен президенттин өзүнө чабуул жасалат. Анан журналистти камабай, граждандык жол менен чечилсин деп атабыз, андай болсо, азыр байлар көп, эртең шайлоо болот деген күнү өкүртө мазактап, «болуп көрбөгөндөй кылмыш жасады» деп калпты жазып туруп, сураган акчасын берип, анны алдыңа таштап коюп, баса берсе эмне болот?!

- Маселенин сиз айткан өңүтүнө президенттин көзү жеткен жок дейсизби?

-Силерге окшогон журналисттер, башка коомчулук тарабынан талаптар коюлуп атпайбы. Мүмкүн ошол себептен киргизилип аткандыр… Бирок, бул сөзсүз эле камалсын деген сөз эмес. Профилактика иретинде сакталып калсын деген сөз. Жалпы коомдук проблема катары көбүртүп-жабыртып атпайсыңарбы. Чынында андай проблема жок. 13 жылдан бери бир гана Замира Сыдыкова соттолуптур. Башка эч ким соттолгон жок да. Чындыгында ушул ыкманы пайдаланып туруп адамдар бири-бирин саясий чөйрөдөн жок кылбасын деген гана далалат. Маселен, эртең шайлоо болот деген күнү ушундай жол менен ылайга тепсеп салса, кайра актанууга мүмкүнчүлүгү калбай калып атпайбы.

- Маегиңиз үчүн ырахмат.

Бурулкан Турдубек кызы: - Депутат Кубатбек Байболовдун ою боюнча, журналисттердин укугун Кылмыш кодексинен тийиштүү жобону негизсиз алып салуу аркылуу эмес, маалымат алуу эркиндигин камсыздоо аркылуу коргоо керек. «Мындай эркиндик журналисттерде жок», дейт Байболов. Мындай пикир канчалык жөндүү? Өлкөдө маалымат алуу мүмкүнчүлүгү кандай? Кесиптешим Бүбүкан Досалиева журналист катары иликтөө жүргүзгөн эле.

Бүбүкан Досалиева:- Рахмат, Бурулкан, албетте, коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу бизде маалымат алуу эркиндиги бар. Бирок, атуулдардын жана массалык маалымат каражаттарынын маалымат алуу укугу жана анын түздөн-түз аткарыла турган нормалары жөнүндө, тилекке каршы журналисттер да, маалымат булагы боло турган субъекттер да жакшы биле беришпейт. Ушундан улам бийлик өкүлдөрү менен массалык маалымат каражаттарынын 1995-жылы башталган соттошуулары азыр улам күчөп, улам бир башка формага ээ болуп баратат. Маалымат – бул коомдун кыймылдаткыч күчү. Маалымат алуу укугунун пайдубалы байыркы заманда эле түптөлүп, азыр жашоонун бирден бир зарылдыгы болуп калды. Маалыматы жок болсо адам өзүн ишенимсиз сезет, маалымат туура эмес берилсе мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү туура эмес чечимдерге барат жана маалыматтын жетишсиздиги коомдо ар кандай имиштерди жаратат. Кай бир учурда Кыргызстандын президенти, өкмөтү жана мамлекеттик кызматкерлери жөнүндө имиштерди мына ушул маалыматтын жетишсиздиги жаратат. Кыргызстандын Конституциясы менен массалык маалымат каражаттарынын ишмердигине тиешелүү 7 мыйзам атуулдардын жана маалымат каражаттарынын маалымат менен камсыз болуусун шарттайт. Бирок, ал талаптарды мамлекеттик бийлик өкүлдөрү аткарган жери жок.

Маалымат ырасмий, ырасмий эмес, коллективдүү, жеке, ачык, жашыруун, оозеки жана жазуу түрүндө деп бөлүнөт. Маалымат каражаттары көбүнчө оозеки ырасмий маалыматты пайдаланышат. Маалымат булагы болгон тарап өзүнө керек болгон учурда журналисттерди издеп табышат. Ал эми журналистти кызыктырган, бул жерден баса белгилей кетишибиз керек, журналист өзүнүн кызыкчылыгы менен эмес, эң ириде коомду кызыктырган суроого жооп издейт, мына ошондой суроолорго көп убакта мамлекеттик кызматкерлер ар кандай шылтоолорду айтып жооп беришпейт. Так жооп алалбаган журналист кай бир учурда өз ой-туюмуна же оозеки айтылган, бирок, ырасмий эмес маалыматка таянышы мүмкүн. Мына ошондо чыныгы маалыматтын булагы болгон тарап журналистти сотко берип жатып калат. Демек, 1950-жылы кабыл алынган Европа конвенциясынын адамдардын маалымат алуу укугун талап кылган жобосун Кыргызстан так сактап жатат дегенден алыспыз.

Маалымат алуу укугуна келгенде, тилекке каршы, биз-журналисттер дагы өз укук, милдеттерибизди толук билип, анны пайдалана албайбыз. Буга биздин укуктук жактан сабатыбыздын жетишсиздиги себеп болууда. Демек, бул жагдай да журналисттердин тизгинин тартууга өбөлгө берүүчү бир жагдай.

Бурулкан Турдубек кызы: - Рахмат Бүбүкан. Кесиптешим Бүбүкан Досалиеванын оюн улай Жалалабаддагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимовдун аймактагы журналисттердин маалымат топтоо жана таратуу укуктарын териштирген материалын сунуштасамбы деп турам.

Ырысбай Абдраимов: - Ырахмат Бурулкан. Облуста зарыл учурда мамлекеттик уюмдардан маалымат алуу оңой эмес. Ѳкмѳттүк басылмалардын кызматкерлери болуп ѳткѳн окуя тууралуу борбордук маалымат каражаттарынан угуп-окушаарын облустук «Акыйкат» гезитинин кызматкери Гүлжан Асанова минтип белгиледи:

- Жаңы кабарларды борбордук маалымат каражаттарынан окуп, угуп, көрүп калабыз. Бул жерден маалымат алууда кыйынчылыкка кабылган учурлар көп болот.

Эгемендик жылдарында сындалганы үчүн облус боюнча абийир-арнамысын коргоо максатында сот уюмдарына тогуз арыз жолдонгон. Жалалабад шаардык соту Сузак райондук сотунун судьясын сындаган «Акыйкат» газетасы менен макала автору Молдосали Ибраимовду 207 миң сом айыпка жыгып, журналист 2 жылга эркинен ажыраганын мурдагы башкы редактор Бакыт Орунбеков эскерди:

- Авторду 2 жылга эркинен ажыратып, гезитке100 миң сом айып салуу биринчиден, гезиттин жабылышын шарттады. Экинчиден, адамдын басма сөз эркиндигине укугун басмырлады деп баалаганбыз.

Иш Жогорку соттун кароосу жана жергиликтүү бийликтин кийлигишүүсү менен жарашуу келишими аркылуу аяктаганга чейин автор бир ай абакта отурган.

Мындан тышкары, Сузак райондук соту «Дүбүрт» газетасынын ээси Жаныбек Момуновду Жогорку Кеңештин депутатына жалаа жапкандыгы жана бийлик ѳкүлүнүн ѳмүрүнѳ кол салууга аракети үчүн деп айыптап, 7 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми КТРдин «Замана» студиясынын облустагы кабарчысы Самаган Орозалиев 9 жылга кесилип, кийин ден-соолугуна байланыштуу эркиндикке чыккан. Мындан башка Жалалабад шаардык соту «Фергана» газетасы менен адам укугун коргоочулардын «Право для всех» басылмасынан 200 миң сом ѳндүрүүнү каалаган Базаркоргон райондук үй-бүлѳлүк дарыгерлер борборунун деректири Тѳлѳгѳн Абдуллаевдин арнамысына тийген далилдердин жоктугуна байланыштуу, арызын четке какты.

Дагы бир орчундуу көйгөй - облустук гезиттерди акча жана почта тармагынан карыз ѳндүрүү маселеси кыйноодо. Почта башкармалыгы гезиттерге 750 миң сомдон ашык карызын тѳлѳй элек. Калемгерлердин маалымат алуу эркиндигин коргоо жана башка муктаждыктарын чечүү үчүн облустук бийлик кандай жардам кѳрсѳтүүдө? Жоопту губернатордун маалымат катчысы Орозалы Карасартовдон уксак:

- Маалымат алууда объективдүү, субъективдүү кыйынчылыктарга учурап жатышканы чындык. Түшүнбѳѳчүлүк менен маалымат каражаттары жѳнүндѳ мыйзам аткарылбай калып жатат. Ошондуктан облбийликтин буйругу менен шаар, райондордо маалымат берүүгѳ жооптуу адистери дайындоо кѳрсѳтмѳсүн бергени турабыз -

Сѳз кезеги кайра ѳзүңүздѳ Бурулкан:

Бурулкан Турдубек кызы: - Журналисттердин ишине жана ага карата саясатчылар арасындагы карама-каршы пикирлерге калктын ою кандай? Бул тууралуу кабарчыбыз Жазгүл Жамангулованын эл арасынан жыйнаган пикирлеринин топтомун сунуштайбыз.

Жазгүл Жамангулова: - Мен дароо эле элге сөз берейин.

- Мен – Гүлнара Үсөнбекова, кесибим - мугалим. Эгер журналист тарабынан берилип жаткан макала чындык болсо, чындыкты ачып берип жатса, анда айыпка тартуунун кажети жок. Ал эми жалган кабар болсо, анда айып тартыш керек, сөзсүз.

- Менин атым Айнура. Чындыкты айткан киши эмнеге жооп тартыш керек, мен түшүнбөйм. Негизинен журналистердин көбү чындыкты айтып, алар өздөрүнүн ишин кылып атышат.

- Атым – Кадыр Аманбаев, кесибим - юрист.

- Бүгүнкү күндө, Кыргызстандагы журналисттердин маалымат алуу эркиндиги камсыз болгонбу?

- Менимче, Кыргызстандагы журналисттердин маалымат алуу эркиндиги толук камсыз болгон эмес. Анткени, кайсы мекеменин жетекчиси болбосун, кызматкери же адамы болбосун,биринчи кезекте ойлонуп туруп, президенттин кызыкчылыгына доо кетпеген маалыматтарды берет.

- Азыр гезиттерди жаап салуу көп кездешип атат. Ошону менен бирге, айып төлөтүү, сотко берүү да көп, буларга сиз кандай карайсыз?

- Мамлекеттин, президенттин, өкмөттүн, депутаттардын айыбын ачып жазган гезиттерди бирөөнүн колу менен жаап коюп жатышат. Мурунку «Асаба» гезитин да жаап коюшту. Акырында ал «Агым» деп чыгып, өзүнүн түз жолунан тайып, президенттин кызыкчылыгын көбүрөөк жактаган гезит болуп баратат. «Моя – столица - новости» деген гезит бар эле, аны да жаап коюшту. Ал гезит азыр башка ат менен чыгып, Кыргызстандагы кемчиликтерди анча-мынча ачыгыраак жазып жатат.

- Абдымамбет Сариев, жазуучумун. Эгерде Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгына, эркиндигине, түпкү улуттун кызыкчылыгына шек келтире турган материалдарды жазса, андай журналисттерди соттомок түгүл, атып салыш керек. Анткени, Кыргыз мамлекети баарынан бийик турат.

- Мен Эсеналиев Жаныбек. Журналисттерди айыпка тартуу бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошону менен бирге эле саясатка да байланышы бар. Себеби, айыпка тартылып жаткан журналистерди да угуп, көрүп жүрөбүз.

- Мен, Тажиева Кыял. Менин жеке оюмда бул саясий көрүнүш болуш керек.

- Бекбоев Амангелди, эгер журналисттер болгон чындыкты жазса, айыпка тартылбайт эле. Шамал болбосо бактын башы кыймылдабайт дегендей.

Журналисттерге карата эл ичинде пикирлер ушундай экен. Сөз өзүңүздө, Бурулкан.

Бурулкан Турдубек кызы: - Ал эми саясатчылар арасында президенттин «Кылмыш кодексине» өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунушун саясат менен тикелей байланыштыргандар да бар. Маселен, кесиби журналист, азыр депутат Адахан Мадумаров, муну мамлекет башчынын шайлоо өнөктүктөрүнүн алдындагы саясий кадамы дейт. Депутат «бул мыйзам кабыл алынса, бийликке жакпаган ишмерлерди карасанатайлык менен каралоо башталат» десе, экинчи журналист-депутат Кабай Карабеков аны төгүндөйт:

- Бул туура эмес. Жазалоо, коомду үркүтүү максатын көздөсөк, анда бул туура. Биз башка максатты көздөп атпайбызбы. Биз коркунучтан тышкары жашагыбыз келип атпайбы. Бизде коркутуудан башка да ыкмалар бар да. Принцибинде биз административдик жазаны, каржылык төлөмдөрдү көтөрүп койсок болот. Бирок, сөз үчүн абака отургузат деген түпкүлүгүндө туура эмес.

Биз менен бул маселеге байланыштуу ой бөлүшкөн кесиптештердин ойлорун эске алсак, негизинен Кылмыш кодексинин аталган беренелери боюнча жоопко тартуу өтө сейрек жолугат. Алардын бири журналист Замира Сыдыкова болду. Ошондуктан, эксперттер чуулгандуу сот жараяндары негизинен журналисттердин айланасында болорун, бул журналисттердин эркин иштөө мүмкүнчүлүгүн чектээрин айтып жүрүшөт.

«Журналист» коомдук бирикмесинин төрагасы Кубан Мамбеталиевдин оюна караганда, президенттин айыппул төлөөгө байланышкан сунушу журналисттердин ишиндеги ыксыз тоскоолдуктарга чек коет эле. Бирок, Мамбеталиевдин пикири боюнча бир жагдай эске алынбай калган:

- Жанагы «жыйым» деген жеке эле «Кылмыш кодексине» тиешелүү эмес. «Граждандык кодекстин» да кызматтык беделди, абийир арнамысты коргоо деген 18-беренеси бар. Бул көрсөтүлбөй калыптыр. Юристтер чала иштешкенби, билбейм. Ушуну көрсөтүш керек эле. Себеби, айыптар журналисттерге көбүнчө «Граждандык кодекс» боюнча салынууда.

Ал эми президенттин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Чолпонкул Арабаев президент «Кылмыш кодекси» менен «Мамлекеттик жыйымдар жөнүндө» мыйзамга гана өз сунушун билдиргенин айтты.

САЯСАТЧЫЛАР 2004-ЖЫЛДАН ЭМНЕНИ КҮТҮШӨТ?

2004-жылы өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Жыл тогошоор алдында саясатчылар жана коомдук ишмерлер ушул суроонун айланасында «Азаттык» радиосуна өз пикирлерин айтышты.

Суроого жооп берген саясатчылардын басымдуу бөлүгүнүн пикирлерине караганда, келерки жылы Кыргызстанда экономикалык абал туруктуу болуп, негизинен саясий турмуштагы активдүүлүк артат, саясий упай топтоо үчүн күрөш күч алат. Мындай божомолду саясатчылар жергиликтүү бийликке, парламентке жана президентке шайлоолорго камылга күчөөрү менен байланыштырышты. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Атамекен» социалисттик партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин пикири мындай:

- Ар кандай убадалардын жана актануулардын жылы болот. Бул айыгышкан күрөштүн, таамай айтылган чын сөздөрдүн жана бири-бирин жаманатты кылган ушактардын жылы болот го деп ойлоп турам. Ушундай жылда биздин элге сабырдуулукту, жети эмес, жетимиш өлчөп бир кескендикти, сөзгө эмес, чыгаан уулдардын 10-15 жылдан бери жасаган ишин талдап, туура чечим чыгарган акылмандуулукту каалайм.

Депутат Марат Султановдун ою боюнча шайлоого байланыштуу жыл татаалыраак болушу ыктымал. Саясий жактан кырдаал күчөп, өкмөттүн ишинде кыйынчылык түзүлүшү мүмкүн.

Өлкөнүн коомдук жана саясий турмушунда олуттуу өзгөрүүлөр болоруна экс-премьер-министр Курманбек Бакиев да ишенет, бирок, ал жыл тогошор алдында өз пикирин ачык айтууну анча ылайык көрбөйт:

- Сөзсүз болушу мүмкүн, болушу керек. Кандай өзгөрүү болорун убакыт көрсөтөт. Бирок өзгөрүүлөр болот.

Кыргызстандагы коммунисттик эки партиянын биринин башчысы Клара Ажибекова болсо келерки жылы президенттик орун үчүн күрөш күч алат дейт:

- Күрөш жүрөт. Азыркы президент амалданып, дагы бир мөөнөткө калганга же үй бүлө мүчөлөрүнүн бирин, же өзүнө чындап берилген кишилердин бирин ордуна калтырганга даярданышы мүмкүн. Оппозиция болсо ага байланыштуу маселелерди көтөрүп, саясий күрөш жүрөт деп ойлойм.

Өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүгүү министри Төлөбек Өмүралиев болсо келерки жыл калкты акыйкат башкаруунун, коррупцияга каршы күрөштүн жылы болот деп эсептейт:

- Кыргызстанда жакшы өзгөрүүлөр болот деген үмүт менен тосуп атабыз. Себеби, эмдиги жылды президент социалдык мобилизациялоонун жана акыйкат башкарунуун жылы деп жарыялабадыбы.

Биз суроо салган саясатчылардын көпчүлүгү «парламент мөөнөтүнөн мурда тарайт» деген имишке ишенбейт. Маселен, депутат Марат Султанов:

- Кудай бергени болот. Тараса элдин астына кайра барабыз. Бирок, мыйзам боюнча андай болбошу керек.

Депутат Алишер Абдимомуновдун айтымында «буга логика да, саясий жагдай да жол бербейт».
Саясий күрөш артаары болжолдонуп жаткан жаңы жылды өлкөдөгү саясатчылардын басымдуу бөлүгү өз үйүндө, үй-бүлөсүнүн кашында тосушат. Маселен, айыл жана суу чарба министри Александр Костюк:

- Салт боюнча үй-бүлө менен тособуз. Жакын жоро-жолдоштор кошулат, - деди.

ПРЕЗИДЕНТ А. АКАЕВ «ТҮЗ ЭФИРДЕ» ЭЛДИН СУРООЛОРУНА ЖООП БЕРДИ

30-декабрда Кыргызстандын президенти Аскар Акаев улуттук телекөрсөтүү аркылуу калктын суроолоруна жооп берди.

Президент Аскар Акаев 2003-жылдын жыйынтыгын чыгарып, жыл ичинде мамлекеттин тарыхында кала турган урунттуу үч окуя болгондугун билдирди. А. Акаевдин айтуусу боюнча, анын эң башкысы - кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгын белгилөө болду:

- 2003-жылдагы эң башкы окуя кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгын белгилөө болуп калды. Бул зор тарыхый окуяны биз улуттук деңгээлде гана эмес Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун колдоосу менен дүйнөлүк деңгээлде салтанаттуу өткөрө алдык.

Президенттин наамына алдын-ала 3640тай суроо жолдонгон. Көрсөтүүнүн аягына чейин алардын саны 4500дөн ашты. Алардын көбү социалдык маселелерди чечүүгө багытталды. Мындан тышкары экономикалык өнүгүүгө башкы тоскоолдук болгон коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн зарылдыгы, мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатууну белгилеген суроолор да арбын болду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG