Айданбек Ташкенбаев, Бишкек 26-декабрда Украинада президенттик шайлоо болуп өттү. Анда оппозиция лидери Виктор Ющенконун жеңишке жетишкени маалымдалууда. Кыргызстанда бир катар саясатчылар муну мыйзам ченемдүү көрүнүш катары бааласа, добуш берүүнүн чынчыл жана акыйкат болгонуна шектенгендер да бар.
Чолпон Орозобекова, Бишкек Президент Аскар Акаев «Кумтөрдүн» акцияларынын эл аралык биржада сатылышынан түшкөн 85 миллион доллар каякка жумшаларын жарыя кылды. Мамлекет башчынын айтымында, ушуга чейин «Кумтөрдүн» тегерегинде талаш- тартышты оппозициялык маанайдагы депуттар көбүртүп келди. Ошол эле учурда айрым саясатчылар Аскар Акаевдин колунда «Кумтөр» тууралуу толук маалымат бардыгынан күмөн санашууда.
Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны дүйшөмбү күнкү отурумунда паспорт жаңжалын бир жаңсыл чече алган жок. Депутаттар эки жолку отурумдан бери премьер министр Николай Танаевдин парламент отурумуна катышуусун талап кылып жатышат. Муну алар жаңы паспорт даярдоодо олуттуу мыйзам бузуулар болгон деп негиздешүүдө.
Аксы алааматынан кийин «маалымат урушунан» жеңилип калганын айтып кыргыз өкмөтү ушу тапта айыл-кыштактын текши баарына үналгыларды орнотуп чыгуу аракетин көрүүдө. Зым карагайларга илинген үналгылар элге жаңылыктарды кабарлап, өкмөттүн саясатын түшүндүрүп турмакчы.
Өлкөдөгү басылмалар өтүп бараткан жылдагы орунтуу окуяларды жана жаңы жылды кимдер кандай тосуп алышаарын баяндаган макалаларга орун беришүүдө.
Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстанда демократиялык жараяндын мындан ары өнүгүшүнө, шайлоонун адилет өтүшүнө ар дайым көмөктөшө берээрин билдиргени үчүн АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг эки айдан бери өкмөттүк маалымат каражаттарынын башкы каарманы болуп келет. Аны ар тараптан сынга алып, чоң саясатка айландырууга аракеттер бардыгын айрым байкоочулар белгилешүүдө. Айрыкча Украинадагы шайлоодон бери Мамлекет башчысы да «сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү күчөөдө» деген сөзүн эл алдында байма-бай айта баштады.
Ишемби күнү Кыргызстандын аймагында сегиз саясий партия өз жыйындарында парламенттик шайлоого талапкерлерин расмий көрсөтүштү. Айрымдары жаңы жылдан кийин өткөрүүнү көздөп жатышат. Бирок, кыйла партиялар саясий уюмдун атынан талапкер көрсөтүү эч кандай саясий упай алып бербейт дешет.
Бакыт Аманбаев, Бишкек Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүнкү отурумунда Кыргызстандыктарды жаңы паспорт менен камсыз кылуу маселеси карайт. Ага өкмөт башчы Николай Танаев, президенттик админстрация жана бардык тартип коргоо кызмат өкүлдөрү катышат.
Айданбек Ташкенбаев, Бишкек 26-декабрда Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлдү.Анда талапкерлер Виктор Ющенко менен Виктор Янукович таймашты. Украина шайлоосуна Кыргызстандан 70тен ашуун байкоочу катышууда.
Грузия менен Украинадагы саясий окуялардын тегерегинде аркыл пикирлер айтылып келатат. Тепселген укугун коргоп агылып көчөгө чыккан калкты ичтен азыктандырган рухий кубат-күч - улуттук дем-шыктын ойгонушу көбүнесе баам сыртында калууда.
Чолпон Орозобекова, Бишкек Президент Аскар Акаев Кыргызстанда сырттан келген Украина жана Грузиядагыдай ыңкылаптарга жол бербешибиз керек деп санайт. Ал эми кызы Бермет Акаеванын саясий иш- аракеттерин колдойт. Мамлекет башчынын пикиринде, кыргыз оппозициясынын саясий маданияты төмөн. Аскар Акаев мындай пикирлери менен ишембиде улуттук сыналгы каналы аркылуу болгон түз байланышта бөлүштү.
Дагы жүктөңүз