Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 09:31

Кыргызстан

О, КОРРУПЦИЯ, КОРРУПЦИЯ…

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү милдети жыл сайын коюлат. Социалдык дем-шык берүү адилет башкаруу милдетин аркалаган 2004-жылы да коррупцияны ооздуктоо тууралуу сөздөр арбын айтылды.

Коррупция бийликтин жетинчи кабатына жетип, ээн-жайкын жүргөнүн айтып, аны «Манастын» арбагы менен коркуткандан бери деле билинбей 10 жыл өтүп кетти. Бул аралыкта коррупцияга каршы күрөш тууралуу толгон-токой сөздөр айтылды, жыйынтыгында Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңеши түзүлүп, жетекчилигине өкмөт башчы Николай Танаев бекитилген.

Коррупциянын ооздуктоочу Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңеш жетекчиси «Улуттук электр тармактары» акционердик коомунан үй шартын жакшыртууга деп 104 миң доллар насыя акча алганы ачыкка чыгып калбаспы. Беш жылды күтүп отурбай өкмөт башчы ал акчаны улуттук кеңеш төрагасы болгондон аз өтпөй кайтарып бергенин айткан.

- Менин жаңы кызматым бар тарабынан ачык экенин көрүп туруп мен насыя акчадан баш тарттым. Курулушчулар алган акчаны кайтарып беришти.

Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңеш төрагасынын Бишкектин түштүк тарабында келишкен административдик-маданий борборду куруу демилгеси да парламентте талкууга түштү. Иштин чоо-жайын Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Жаныш Рүстөмбеков мындайча түшүндүрөт:

- Министрлик менен ведомстволуктарга, акционердик коомдорго, мына, мисалы, «Түндүкэлектр», «Кыргыз темир жол башкармалыгы» ошолорго - баарына өкмөт салык салыптыр. “Административдик борбор тургузулуп атат, 12 курулуш, ошол жерге үй тургузасыңар” дептир. Бюджетте отурган уюмдарга, мекемелерге 30 – 40 миллион «салык» салыныптыр. Бул өкмөттүн жашыруун токтому болчу.

Өткөн жылдын 23-октябрында президент А.Акаев коопсуздук кеңеш жыйынын чакырып, коррупцияга каршы күрөштү дагы күчөтүү милдетин койду. Мамлекет башчы Ички иштер министрлиги өзүн-өзү тазалоосу зарыл экендигин эскертти.

Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйын төрагасынын орунбасары Кубатбек Байболовдун ырасташынча, коррупцияга аралашып калган кызматты алдагыдай күрөшкө үндөө күткөн натыйжаны бербейт.

- Бу министрлик коррупцияга аралашып калган. Мен проркуратура жөнүндө айтпай эле коеюн… Биз реформаларды мына ушул ведомстволуктарга берип, аларга ыйгарым укуктарын азайтуу тапшырмасын жүктөбөдүкпү. Андай болбойт, - дейт Кубатбек Байболов.

Анын айтымында, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасы жакшы болбой жатышынын бир себеби ушунда.

Уюшкан кылмыштуулук арканды алыстан таштап, болочогуна кам көрүп, бийлик менен биригип кетүүнүн арыгын эртелеп чаба баштарын парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери боюнча комитет төрагасы Алымбай Султанов такай айтып келатат.

- «Сенин милдетиң: барасың, жогорку окуу жайга тапшырасың, укук коргоо органдарынын атайын окуу жайына. Ошону окуп бүтөсүң. Барасың – кызматка отурасың, биз ары көздөй сени жылдырып кете беребиз». А эртеси күнү ошол адам министр болуп калса кандай болот? Ошолор менен байланышкан адамдар милиция начальниги болуп атат, прокурор болуп атат. А эртең ошол министр болуп калса кандай болот?

Кубатбек Байболов азырынча коомдо коррупция тууралуу так түшүнүк жок деген пикирде. Кызмат абалынан кыянат пайдалануу туруктуу мүнөзгө өтүп, жекече туйтунуунун ыңгайлуу жолуна түшкөн мансапкор коррупциячы болот. Бирок, да андай аткаминердин айыбын моюнга коюу өтө татаал иш.

ОППОЗИЦИЯ МЕНЕН БИЙЛИКТИН МАМИЛЕСИ КУРЧУП БАРАТАБЫ?

2005-жылы февралда жана октябрда кезеги менен өтөөрү күтүлүп жаткан президенттик жана парламенттик шайлоону коомчулук быйылкы жылдын олуттуу окуясы катары белгилейт. Бирок, бул бийлик алмашуу кандай шартта ишке ашат болду экен? Бул айрыкча Грузиядагы «жибек» жана Украинадагы «саргыч» революциядан кийин саясий чөйрөнүн башкы суроосуна айланды.

Өткөн жылдын этегинде оппозициялык маанайдагы беш саясий топтун кызматташтык келишим түзүшү коомчулуктун көңүлүн бурган олуттуу саясий окуялардын бири болду. Постсоветтик өлкөлөрдүн алкагында болуп өткөн «жибек», «саргыч» революция өңдүү саясий окуялардын өңүтүнөн караган көпчүлүк байкоочулар оппозициянын бул биригүүсүн «мандалак революциясын» карай жасалган чечкиндүү кадам катары сыпатташууда. Расмий бийлик өкүлдөрү болсо Кыргызстанда келерки парламенттик жана президенттик шайлоого байланыштуу саясий окуялар курчуп, кандайдыр бир революциялык кыймылдарга чейин жетет деген божомолдорду жакташпайт. Президент Аскар Акаев баштаган бийлик өкүлдөру бул өңүттө оппозициялык маанайдагы саясатчыларды кескин сынга алып келатышат. Маселен, жаңы жыл алдында берген маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев мындай пикирин билдирген эле:

- «Бархат революциясы» деп атайбызбы, өзгөчө бизге ат коюп коюшуптур «тюлпан революциясы» болот деп. Менин оюмча, андай революциялар болбойт. Болууга да негиз жок.

Ал эми биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев алдыдагы эки шайлоо айрым оппозициялык күчтөрдүн каалоосуна жараша эмес, конституциялык негизде чечилет деген ойдо:

- Мына, «Мандалак революциясы - мен ойлойм, чындыгында оппозициянын ошол жалпы, негизги уюштуруучулары 15 киши - эми ошолор аракет кылып атышат. Бул жагынан эми конституциялык жол менен барышыбыз керек. Конституциялык жол менен анык шайлоо аркылуу жетишишибиз керек.

- Эми, албетте, Кыргызстанда саясий стабилдүүлүк бузулсун деген күчтөр, адамдар бар, - коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Токон Мамытов минтип билдирди: - Бирок, алардын каалоосу менен эле бүтүп калбайт да. Ошон үчүн өкмөт бар, парламент бар, укук коргоо органдары бар, эл бар. Баарыбыз тең биригип туруп, жалпы ушул ар кандай революция, «тюлпан», дейби, «дубовый» дейби, ошолор болбош керек.

Оппозициялык саясатчылар болсо мындай дооматтарды бийликтин туталануусу катары сыпаттап жатышат. Маселен, «Жаңы багыт» кыймылынын мүчөсү Болот Байкожоев жаңы макулдашуу кандайдыр бир революция уюштуруу максатында кабыл алынды деген пикирге караманча кошулбайт:

- Эмне үчүн дегенде беш кыймылдын тең ой-максаты Кыргызстанда тынч болуп, таза шайлоо өтсүн дегендин эле тегерегинде. Анан бийлик кийлигишип, тигил талапкер өтсүн, бул талапкер өтсүн деген туура эмес. Эл шайлап алсын…. Ошондуктан, беш кыймыл ушул максатты коюп атат. Башка максат жок.

Бирок, жаңы бириккен саясатчылар быйылкы бийлик алмашуу мыйзам чегинде өтөрүнө ишенишпейт. Ошондуктан, айрым саясатчылар мыйзам бузуучулукка каршы күрөшкө чыгаарын маал-маалы менен айтып келатышат. Маселен, Социал-демократтар партиясынын төрагасы, президенттик шайлоого барар ою бар саясатчылардын бири Алмаз Атамбаев:

- Бийлик алмашкан жерде гана тартип болот. Эгер бийлик революция жасагысы келбесе, мына, Борис Ельциндин үлгүсүндө коштошуп кете берсин, эч кандай революция болбойт. Анан мыйзам бузуулар тынымсыз болуп атса кантип чыдап отурууга болот, - дейт.

Байкоочулар саясий күрөштөгү бийлик менен оппозиция мамилесин жөнгө салбаса кырдаал курчуп кетерин жокко чыгарышпайт. Президент өзүнө мураскор дайындоо аркылуу жагдайдан чыгышы ыктымал деген көз караштар да айтылууда. Айрым көз караштарда парламенттик шайлоодон кийин референдум өтөрүн болжолдонууда.

КЫРГЫЗСТАНДА РАЙОНДУК ЖАНА ОБЛУСТТУК КЕҢЕШТЕРГЕ ШАЙЛОО БОЛБОЙТ

Азиза Турдуева, Бишкек Өткөн аптада Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамга толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам кабыл алынды. Ага ылайык, өлкөдө райондук жана облустук кеңештер айылдык кеңештерге шайланган депутаттардын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Мындай мыйзамдын кабыл алынышы саясатчылардын арасында ар кандай пикирлерди жаратты.

Кыргызстанда соңку жылдары административдик реформанын алкагында райондук же облустук деңгээлдеги башкарууну, ошондой эле райондук, шаардык, облустук кеңештердин бир деңгээлин кыскартуу боюнча маселе көтөрүлүүдө. Кыргыз парламентинин Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамга толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам өкмөт тарабынан иштелип чыккан. Ага ылайык, мындан ары райондук жана облустук кеңештерге атайын шайлоо болбойт. Өлкөдөгү 40 райондук кеңешке айылдык кеңештердин депуттары өздөрүнүн өкүлдөрүн шайлашат. Ал эми алардын ичинен 7 облустук кеңеш шайланат. Мындай кадамдын зарылдыгы жөнүндө Кыргызстандагы жергиликтүү жамааттар Ассоциациясынын төрагасы Курманбек Дыйканбаев:

Бир четинен, райондук, облустук кеңештердин ишинин сапаты абдан төмөндөп кетти. Алар райондук, облустук администрациялардын ишине көзөмөл жүргүзө албай, сессияларын формалдуу өткөрүп, пландарды формалдуу кабыл алып, бюджетти да формалдуу беките башташты. Эми айылдык кеңештердин депутаттары активдүүрөөк иштешет деп эсептейбиз. Анан эмдиги жылы мисалы, райондор же облустар жоюулуп калса да, райондук же облустук кеңештер проблемасы жок жоюулат .

Ал эми айрым пикирлерге караганда, Кыргызстанда райондук жана облустук кеңештерге мурдагыдай эле шайлоо өткөрүүнү абзел эле. Анткени, административдик реформа ырааты менен жүргүзүлүшү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев мындай дейт:


Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен мамлекеттик башкаруу системасын жакшы түшүнбөгөн көп реформаторлор бар. Мына жакында райондук жана облустук деңгээлдеги кеңештерди жоюу парламенттик шайлоо алдындагы шашылыш жана ойлонулбаган кадам болду. Жалпы мамлекеттик системасын реформалоо ырааттуу жүргузүүлүгө тийиш. Бүткүл дүйнөдө, өзгөчө жергиликтүү өз алдынча башкаруу өнүккөн Европа өлкөлөрүндө региондук кеңештер бар. Алар мамлекеттик бийликтин ишин ошол региондордо көзөмөлдөйт, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Тилекке каршы, бизде азырынча андай система түзүлө элек. Райондук жана облустук кеңештердин жоюлушу ошондой эле өлкөдөгү саясий партиялардын райондук жана облустук деңгээлдеги активдүүлүгүн да төмөндөтөт .

Райондук жана облустук кеңештерди айылдык кеңештерге шайланган депутаттардын өкүлдөрүнөн түзүү мамлекеттик бюджеттен шайлоого, аталган кеңештерге сарпталган чыгымдарды да кыскартмакчы. Буга байланыштуу Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыпов мындай пикирин ортого салды:

Райондук жана облустук кеңештерге шайлоону жоюу кеч жасалды. Бирок, кеч болсо да, Кыргызстандын келечеги үчүн жакшы мыйзам. Эми жергиликтүү кеңештердин депутаттары өзүнүн ишине жоопкерчилик менен мамиле кылат. Мындан кийин, элибиз айылдык депутаттарды гана багат. Мурдагыдай эл бир нече жолу шайлоого барып, убара болбойт .

Мындан ары Кыргызстанда административдие реформанын алкагында облустардын же райондордун жоюулушу күтүлүүдө.

ЧЕТ ЭЛДИК УЮМДАР КЫРГЫЗ ОППОЗИЦИЯСЫН КОЛДОП ЖАТАБЫ?

Кыргызстандын президенти Аскар Акаев өткөн жыл аягында улуттук телевидениенин көрүүчүлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, оппозициялык күчтөр чет өлкөлүк ар кандай уюмдардын каражатын алып, алардын көрсөтмөсү менен өлкөдө элди бөлүп-жаруу иштерин жүргүзүп жатат деп билдирди. Мамлекет башчынын мындай билдирүүсү коомдо карама-каршы пикир жаратты.

Президент Аскар Акаевдин билдирүүсү боюнча, акыркы айларда Кыргызстанда пайда болгон ар кандай саясий кыймылдар Грузия менен Украинадагы саясий окуялардын таасиринен улам өлкөдө революциялык кырдаал түзүп,анын негизинде бийликти алмаштырууну каалап жатат. Анан калса алардын мындай максатына жетүүсүнө чет өлкөлүк ар кандай уюмдардын каражат жагынан көмөк көрсөтүүсү кабатыр кылаарын президент:

- Мына акыркы эле мезгилде уюшулуп жаткан элдик деген кыймылдар эл аралык уюмдардын көрсөтмөсү жана ошолордун каражат жагынан берген көмөгү менен уюшулуп жатат. Алардын максаты элибизди бөлүп жарып, Грузиядагыдай революция жасайбыз деген максаттары бар. Мына Украинада саргыч революция деп, өлкө экиге экиге бөлүнүп калды. Мына ушундай элди бөлүп жарган, эл аралык уюмдардын көрсөтмөсү менен уюшулган кыймылдарга мен каршымын, мындай кыймылдардын бизге кереги жок.-деп билдирген президент элди бөлүп –жарууну максат кылган кыймылдардын аракетине каршы турууга чакырды.

Президенттин мындай билдирүүсү, албетте, оппозициячыл багыттагы кыймыл өкүлдөрүнүн нааразылыгын жаратты. «Кыргызстан элдик кыймылы» дароо билдирүү таратып, кыймыл чет өлкөдөн эч кандай материалдык же башка колдоо албагандыгын жарыя кылды. «Ата журт» кыймылынын жетекчисинин бири Роза Отунбаева кыймылдын максатын ишке ашырууга өлкөнүн өз атуулдарынын патриоттук сезими менен каражаты жете тургандыгын билдирди. Аталган кыймылды түзүүчүлөрдүн бири, Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Шерниязов бул багытта өз оюн:

- Бизге бир тыйын эч жактан келген жери жок. Анын бизге кереги да жок. Канча тыйын, кайсы жол менен келип жаткандыгынын баары бийликке белгилүү, анын баары текшерүүчү органдардын колунда турат го! Бирок, ачык эле айтыш керек да! Кайсы кыймыл, ким алып жатат? Жөн эле жерден күнөөлөй бериш бул саясий чайкоочулук! ,-деп билдирди.

Чет өлкөлүк уюмдар менен көп жылдан бери иштеп келеаткан бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын баамында, чет өлкөдөн келген каражаттын негизинде максатына жетүүнү көксөгөн оппозициялык күчтөр жок эмес:

-Ошондой багытта иштеп жаткан күчтөр бар. Алардын максаты-КМШдагы мамлекеттердин биримдигин биротоло талкалап бүтүү. Бул геосасатка байланыштуу. Ошондуктан, андай күчтөр болот жана бар. Ошондуктан, мен эч кандай мандалак революциясын колдобойм жана анын Кыргызстанда болушуна жол бербөөгө аракет кылам. ,-деген Токтайым Үмөталиева өзү жетектеген уюм чет өлкөдөн алган каражаттар жакырчылыкты жоюуга гана багытталып жаткандыгын баса белгиледи.

Ал эми «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов өзү жетекчилик кылган уюм айрым массалык маалымат каражаттары жарыялап жаткан каражаттан алда канча көп акча алып жаткандыгын,бирок, алар өлкөдө саясий башаламантыкты жаратуу үчүн эмес, Кыргызстандын демократиялык, экономикалык багытта өнүгүүсүнө көмөктөшүү үчүн жумшалып жатат деп билдирди:

-Керек болсо андан көп акча алып жатабыз.Бирок, албетте алган акчабызды кандайдыр бир саясий партияны колдоого же тиги же бул талапкерди каралоого жумшабайбыз. Анткени, биздин программалар толугу менен адилет, бейтарап шайлоо эрежелерин коргоого багытталган.

Кыргызстанда жаңы жылды ким кандай тоcту?

Ошентип, Жаңы жыл өз күчүнө кирип келди. 2005-жылды элдик календарда "тоок жылы" деп коюшат. Бул жыл - ирээттүүлүктү, тыкандыкты жактырат. Тоок - үй-бүлөгө, деги эле коомго өзгөртүү киргизүүгө аракеттенген канаттуу. «Иштеген тиштейт» дегендей бул жылы аракет кылгандар гана ийгиликке жетише алат. Жаңы жыл - бул баарына бирдей майрам болсо да, ар кайсы өлкө түрдүүчө, өз салттарына жакын тосот.

Австралияда жаңы жыл 1-январда башталат. Бул айда бизде кыраан чилде болуп жатса, Австралияда күн ысык, жадагалса Аяз Ата менен аяз кыз белектерди сууга түшүүчү кийимчен таратып жүрөт экен.

Ал эми италиялыктар канчалык көп эскини ыргытсаң, ошончо Жаңы жыл байлык алып келет деген ишенимден улам жаңы жылдын алгачкы түнү терезелерден эски кийимдерин сыртка ыргытат экен.

Кубалыктар сааттын жебеси 12ни көрсөтүп, Жаңы жыл кирип келээри менен терезелерди ачып, сыртка суу төгүшөт. Бул бүт жамандыктар эски жыл менен кетсин деген белги.

Ал эми Кыргызстандын эли тоок жылын кандай тосту болду экен?

Жаштардын көбү ресторан, кафелерде достор арасында тосконун айтты.

Саясатчыларды да сурамжыладык. Мисалы, мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Өмүрбек Текебаев жылдагыдай эле үй-бүлөсү менен тосконун айтты:

- Жаңы жылда үй-бүлөм менен болдум. Балдар фейерверк көрсүн деп көчөгө чыктык. Саат ондон кийин балдарыбыз уктап калышты. Жылдагыдай эле жубайым экөөбүз жаңы жылды тостук. Жаңы жыл Кыргызстандын тарыхында тагдыр аныктоочу жыл болот, анткени бул жылда көп саясий өзгөрүүлөр болот.

«Учкун» концернинин президенти Каныбек Иманалиев да үй-бүлө менен үйдө тосконун мындайча билдирди:

- Жаңы жылды жакшы тостум, үй-бүлөм менен. Жаңы жылды тосуу - бул үй-бүлөлүк майрам да. Жакшы жаңы жылдык маанайда тостук. Бул жыл - өзгөчө жыл. Улуу ата мекендик согуштун жеңишинин алтымыш жылдыгы, парламенттик жана президенттик шайлоолор болот. Каалаарым, кыргыз элине кызмат өтөгөн патриот инсандар көп болсун.

Депутат Болот Байкожоев, Феликс Куловдун адвокаты Любов Иванова, президент администрациясынын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков жаңы жыл – бул үй-бүлөлүк майрам болгондуктан ар дайым үйдө тосоорун билдиришти.

Ал эми дин кызматынын өкүлү, «Акыл–эс, рух жана ыйман» коомунун президенти Дүйшөн ажы Абдылда уулу жаңы жылды тоспогонун айтты:

- Мен жаңы жылды тосконум жок. Менин досторум, үй-бүлөм да жаңы жылды тоскон жок. Жаңы жыл - бул Рим империясында келип чыккан. Биз өзүбүздүн Нооруз майрамыбызды гана белгилейбиз. Менин оюмча, бул жаңы жыл коммерциялык гана максатта өткөрүлөт. Балатыларды сатышат, Кытайдан алып келген жардыргычтар, ар кандай жылтырак буюмдар сатылат, бул негизинен коммерциялык жагдайга багыт алган.

Ошондой эле Дүйшөн ажы жаңы жылды тосууда учураган айрым терс көрүнүштөргө да токтолду:

- Эң өкүнүчтүүсү, бул жаңы жылды белгилейбиз деп ичип алып, бири бири менен мушташкан учурлар да бар. Мындан тышкары, майрамды белгилейбиз деп болгон акчасын коротуп, андан кийин эртеси кыйналып калып жатышат да.

Көрсө, жаңы жылды жалаң гана кыргыз ырларын эмес, ошондой эле украин ырларын ырдап тоскондор да бар экен. Айтмакчы, «Демократия жана атуулдук коом учун» коалициясынын президенти Эдил Байсалов жаңы жылдык кечеде украин ырларын ырдаган экен:

- Мен Украинада байкоочу катарында бир жарым ай жүрдүм, ал жерден мага украиндик майрамдык ырлар менен компакт диск белекке тартуулашты. Жаңы жылда мен үйдө үй-бүлөм менен ушул украин ырларын ырдап тостук. Ал эми саат он экиден кийин досторума барып, ал жерден да алар менен украинче ырларды ырдап, шандуу тостук, -
дейт Эдил Байсалов.

2004-жыл: Кыргызстандагы саясий партиялар ишмердүүлүгү кандай болду?

Азиза Турдуева, Бишкек 2004-жыл өлкөдгү келерки парламенттик жана президенттик шайлоолорго даярдык жылы катары бааланып калды. Акыркы кездеги саясий партиялардын активдешүүсүн жергиликтүү аналитиктер алдыдагы саясий мааниси чоң өнөктүктүр менен байланыштырат.Саясий партиялардын негизги максаты элдик добуш аркылуу бийликке жетүү.

Өткөн жылы бийликчил жана оппозициялык партиялардын саясий активдүүлүгүнүн жылы катары мүнөздөлдү. Оппозициялык көз караштагы саясий партиялар бир нече саясий-коомдук кыймылдарга, блокторго бирикти. Алардын негизги максаты өлкөдөгү парламенттик жана президенттик шайлоолорду ачык, адилет өткөрүү жана конституциялык жол менен азыркы бийликти алмаштыруу. Жогорку Кенештин депутаты Өмүрбек Текебаев белгилегендей, оппозициялык партиялар биригүүнүн зарылдыгын түшүнө баштады:
- Быйыл оппозициялык маанайдагы саясий партиялар өздөрүнүн саясий тактикасын өзгөртүп, чачыранды күчтөр бириге баштады. Оппозициялык күчтөрдөн биригүүсүнүн башкы идеясы алдыда келаткан чоң саясий өнөктүк парламенттик жана президенттик шайлоолорду акыйкат, адилет, калыс өткөрүү, шайлоо аркылуу бийликти мыйзам жолу менен алмаштыруу.

дейт Өмүрбек Текебаев.

Көпчүлүк саясатчылар көз карашында чындыгында эле, өткөн жыл Кыргызстандагы саясий партиялардын ишмердүүлүгүндөгү башкы өзгөчөлүк – алардын биригүү жараяны болду. Бул тууралуу Ош облусунун губернатору Накен Касиев башында турган «Элет партиясынын» төрага орун басары Ташполот Балтабаев да оппозициялык партиялардын кыймылы активдешти деген пикирде:
- Оппозициялык партиялардын биригүүсүнө азыркы түзүлгөн саясий кырдаал, ошондой эле бийликтин оппозициялык күчтөргө карата жүргүзүп жаткан саясаты негизгү түрткүлөрдөн болду. Жакында улуттук теле берүүдөн түз обого чыккан Президент оппозициялык күчтөр саясий ыңкылап даярдап жатышат, аларга катуу сокку уруш керек деп айтпадыбы. Мындан аркы окуянын жүрүшү саясий партиялардын бир партияга башын бириктирүүгө түртүшү ыктымаал.
Ташполот Балтабаева ушундай оюн ортого салды.

Өткөн аптада курамына ондон ашуун оппозициялык маанайдагы саясий партияларды бириктирген Кыргызстан Элдик кыймылы менен Кыргызстан Элдик Конгресси, ошондой эле бир нече саясий партиялар менен коомдук-саясий бирикмелерден турган «Жаңы багыт», «Атажурт», Адилет шайлоо үчүн атуулдук кошун өз ара кызматташтык жөнүндөгү Меморандумуна кол койду.

Былтыр саясий партиялар өлкөдө 10-октябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышты. Бирок, ага расмий каттоодон өткөн 40тан ашуун партиянын ичинен 12 партия гана катыша алды. Айрым пикирлерге караганда, жергиликтүү кеңештерге бийликти колдогон партиялар, тактап айтканда, «Алга, Кыргызстан», «Адилет» партияларынын өкүлдөрү көбүрөөк өткөндүгү бийлик тарабынан административдик ресурстун ролу чоң болду. Бул жөнүндө Өмурбек Текебаев:
- Бийликчил партиялардын өкүлдөрү админстративдик ресурстарды мыйзам бузуу жолу менен пайдаланып жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо көп орундарды ээлеп алды.
деген пикирин билдирди Өмүрбек Текебаев. Ал эми «Алга, Кыргызстан», «Адилет» партияларынын өкүлдөрү болсо, алар жергиликтүү шайлоолордо административдик ресурстарды эмес, жаңы саясий технологияларды колдонуу аркылуу жерегиликтүү кеңештерде көпчүлүк орунга ээ болгондугун белгилешүүдө. Бул жөнүндө «Алга, Кыргызстан» партиясынын өкүлү Алыбек Акунов:
- Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо кээ бир саясий партиялар жаңы шайлоо технологиялары аркылуу жеңип чыкты. Мисалы, «Алга, Кыргызстан» партиясы. Ошол себептен улам биздин партия админстративдик ресурстун мүмкүнчүлүгүн пайдаланган жок. Ал эми биздин жеңишибизди оппозиция бийлик тарабынан колдоо болду деп айтып жүрөт.Ал чындыкка жакындашпайт.
дейт Алыбек Акунов.

2005-жылы өлкөдөгү саясий партиялардын ишмердүүлүгүнүн жанданышы күтүлүүдө. Анткени, бул жыл –парламенттик жана президенттик шайлоолор жылы.

ПАСПОРТ ЖАҢЖАЛЫНЫН АРТЫНДА КИМ ТУРАТ?

Бакыт Аманбаев, Бишкек 31-декабрда Мыйзам чыгаруу жыйыны атуулдарды жаңы паспорт менен камсыз кылуу маселесин кароону улантты. Талкуу соңунда депутаттар атуулдарды паспорт менен камсыз кылуудагы өкмөттүн аракетин канааттандыралык эмес деп табуу тууралуу токтом кабыл алышты. Ошондой эле аталган токтомдо өкмөткө жаңы чыгарылган паспортту «жараксыз» деп таап, жакын арада атуулдарга 1994-жылдагы үлгүдөгү паспорт бердирүүнү баштоо жана мамлекет башчы Аскар Акаевге өкмөттүн алдындагы маалымат ресурстары жана технология агенттигин жоюу сунушу айтылды.

Атуулдарды паспорт менен камсыз кылуу Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында үч күн бою талкууланды. Баш аягы 25 депутат чыгып сөз сүйлөштү. Сөз сүйлөгөн депутаттардын дээрлик бардыгы тең аткаруу бийлиги атуулдарды жаңы паспорт менен камсыз кылууда олуттуу мыйзам бузууларга жол бергендигин белгилешти.

Депутаттар ага жүйө катары мамлекет башчысынын жардыгы менен өкмөттүн алдында маалымат ресурстары жана технология агенттигинин ачылышын ага Ички иштер, Юстиция министрлигинин айрым ыйгарым укуктарынын берилишин жана аталган агенттикке башка өлкөнүн жараны жетекчи болуп дайындалышы сыяктуу фактыларды келтиришти.

Ошондой эле талкуу учурунда депутаттар мына ошол агенттик жетекчилиги атуулдарды паспорт менен камсыз кылууда тендерди жең ичинен өткөрүп, өлкөгө миллиондогон сом зыян алып келгендигин айтышты. Буга байланыштуу айрым депуттар атуулдарды убагында паспорт менен камсыз кылбай, мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн өкмөт башчы Николай Танаевге ишеним көрсөтпөө тууралуу токтом долбоорун сунушташты.

Ал эми депутат Азимбек Бекназаров болсо мындай мыйзамсыз аракеттердин башында президент Аскар Акаев өзү турат деген пикирин айтып, миңдеген атуулдар өз убагында паспорт менен камсыз болбогондугу үчүн Аскар Акаев атуулдардан кечирим сурасын деген сунушун токтомго киргизүүнү өтүндү:

- Өзүңөр билесиңер Лысагоровду жумушка ким дайындаган. Эмне аны Танаев дайындаптырбы, Аскар Акаев өзүнүн жардыгы менен дайындаган. Агенттикти ким түзгөн, Аскар Акаев өзү түзгөн. Демек мунун бардыгына ким күнөөлүү болуп жатат? Ал ошондой жоопкерчиликтүү иш жасап жатканда кайда карап жүргөн. Ушул убакка чейин тогуз, он өкмөттү кетирдик. Андан эч нерсе чыккан жок. Демек паспорт жаңжалынын артында ким турат экен? .

Мындай сунуштарга Иса Токоев, Акбөкөн Таштанбеков, Бөрүбай Жораев, төрага Абдыганы Эркебаев жана башка депуттар каршы болушту:

- Урматтуу депутаттар биз өзүбүз Мыйзам чыгаруу жыйын депутаттары болгондон кийин биринчи иретте өзүбүз Конституцияны бузбайлы. Анткени Баш мыйзамда өкмөткө ишеним көрсөтпөө ыйгарым укугу Эл өкүлдөр жыйынан берилген. Ошондуктан кандайдыр бир чечим кабыл алууда ушуну эске алалык.

Төрага Абдыганы Эркебаевдин жогорудагыдай пикирин Исмаил Исаков, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Ишенбай Кадырбеков жана башка депуттар өз жүйөлөрүн айтышып четке кагышты:

- Абдыганы Эркебаев, сиздин айтканыңыз туура. Бирок Конституцияны, дегеле бардык мыйзамдарды эч карабай эле бузушуп, элди какшатып жатышса деле алаканыбызды жайып отура берелиби? Эртең эл бизден сурайт. Эмне үчүн мына ушуга каршы чара көргөн жоксуңар деп. Ошондуктан биз өзүбүздүн милдетибизди аткаралы. Калганы улуу урматтуу, терең урматтуу Акаевдин өзүндө калсын, -деди депутат Адахан Мадумаров.

Добуш берүүгө келгенде, өкмөт башчысына ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушту залда отурган 49 депутаттын 25и гана колдоп, сунуш кабыл алынган жок. Андан соң кызуу талаш-тартыштан соң атуулдарды паспорт менен камсыз кылуудагы кыргыз өкмөтүнүн ишин канаанттандырарлык эмес деп табуу тууралуу токтом кабыл алынды.

Ошондой эле аталган токтомдо өкмөттүн алдындагы маалымат ресурстары жана технология агенттигин жоюп, анын ыйгарым укуктарын кайрадан Ички иштер жана Юстиция министрликтерине өткөрүп берүү, жаңы паспортту жокко чыгарып жакын арада атуулдарга 1994-жылкы үлгүдөгү эски паспортторду бердирүүнү баштоо, өкмөттүн аталган маселе боюнча аракетин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүп маселени териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшыруу сыяктуу беренелер камтылды.

Талкууланган маселе боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев Мыйзам чыгаруу жыйынына маалымат берди. Ал депуттардын келтирген жүйөлөрү туура экендигин мойнуна алып, алардын сунуш-пикирлери эске алына тургандыгын билдирди.

2004- ЖЫЛДЫН МЫКТЫ СПОРТЧУЛАРЫ КИМДЕР?

Ар жыл сайын спорттук ийгиликтерине жараша жылдын жыйынтыгы чыгарылып,10 мыкты спортчуну,5 мыкты машыктыруучуну жана 3 спорт журналистин аныктоо салтка айланып калган. Өтүп бараткан жылы жылдызы жанган мыкты спортчулар деп кимдерди атоого болот.

2004- жылы Кыргызстандын 32 биринчилиги жана өлкөнүн 23 чемпионаты өткөрүлүп, Бишкекте 18 эл аралык мелдеш уюштурулуп, кыргызстандык спортчулар өз деңгээлине жараша ийгилик жарата алышты. Жогорку окуу жайлардын Универсиадасы, мектеп окуучулардын Спартакиадасы, эркин жана грек- рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпионаты жана Эл аралык Ысыккөл оюндары өткөрүлдү. Быйыл күзүндө Жалалабад жергесинде спорттун 12 түрү боюнча Кыргызстандын 4- Спартакиадасы өтүп, ага миңден ашуун спортчулар катышты. Өтүп бараткан жылдын эң башкы спорттук окуясы августта Афинада өткөн 28- жайкы олимпиадалык оюндар болуп, кыргызстандык 30 спортчу катышты. Чынында Афина олимпиадасы кыргыз спортунун деңгээлин аныктап койду. Мында ийгилик жаралбады, болгону грек- рим күрөшүндө Азиянын чемпиону Геннадий Чхаидзе бешинчи байгелүү орунду ээледи. Кыргызстандын тандалма командасынын мүчөлөрү 2004- жылы 7 ирет Азия чемпионатына, 6 жолу дүйнө чемпионатына жана 22 эл аралык мелдештерге катышып, 14 алтын, 16 күмүш жана 12 коло медаль жеңип алыган. 2004- жылы спорт тармагына казынадан 76 млн.346 миң сом каражат бөлүндү.
Эми 2004- жылы эл аралык мелдештерде, дʏйнɵ, Азия чемпионаттарында кимдердин жылдызы жанып, жылдын мыктысы болууга татыды. Себеби, быйыл дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган Афина олимпиадасы болуп өттү. Негизги басым да ушул олимпиадалык оюндарга жолдомо алууга, даярдык көрүүгө жана олимпиадалык таймашуулар болду. Өтүп бараткан жылдын мыкты спортчулары кимдер экендигин спорт коомчулугунун өкүлдөрү жана спорт күйөрмандар айтып, өз пикирлерин мындайча билдиришти.
Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктырууучу Бообек Кадыркулов:
-Быйылкы жылдын мыкты спортчусу деп оор атлетика боюнча дүйнөлүк студенттер арасында баш байгени жеңип алган Улан Молдодосовду атайм. Себеби, ал Азия чемпионаттарында дагы байгелүү орундарды ээлеп, стабилдүү ийгилик жаратып келатат. Афина олимпиадасында дагы дүйнөнүн 10 мыкты спортчусунун катарына кошулду.

Мен Кадырбек Атакараев- Кыргыз туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин аппарат жетекчисимин:
- Өтүп бараткан жылдын эң мыкты спортчусу- Эл аралык бокс чебери Айбек Абдымомунов. Себеби, ал эгемендүү өлкөнүн тарыхында бокс боюнча Түштүк Кореяда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп, Кыргызстанды дүйнөгө тааныта алды. Ошондой эле Афина олимпиадасына катышып, аттаандашуунун үлгүсүн көрсөтүп келди. Мен добушумду Айбек Абдымомуновго берем.
Бакыт Жумагулов:-
Мен футбол боюнча келечеги кең, жаш болсо да көзгө көрүнгөн Эмил Кененсариевди мыкты спортчу деп эсептейм. Себеби, Бишкекте быйыл күзүндөКыргызстандын командасы Бахрейн өлкөсү менен ойногондо Эмил гана атаандаштардын дарбазасына жалгыз топ киргизди.

Бишкек шаардык спорт комитетинин кызматкери Курман Шерматов:

Менин пикирим боюнча грек- рим күрөшүнөн быйыл Азия чемпиондугун жеңип алган Геннадий Чхаидзе жылдын мыкты спортчусу. Афинага барган 30 спортчунун ичинен Геннадий гана байгелүү бешинчи орунду камсыз кылган. Аны мыктынын мыктысы десек жарашат.
Кыргыз туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин башкы адиси Кудайберген Исмаиловдун пикири боюнча жылдын мыкты спортчулары төмөнкүлөр:

Спорттун азыркы беш түрү боюнча Кытый эл республикасында жазында өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык Людмила Сироткина алтын байгени утуп, Азия чемпиону болгон. Ошондой эле ага Афина олимпиадасына катышууга жолдомо ыйгарылган. Жылдын мыктыларынын каратына Людмиланы кошууга болот. Ошондой эле билльярд боюнча дүйнө чемпиондугун үчүнчү ирет жеңип алган Каныбек Сагындыковду да жылдын мыкты спортчусу деп айтсак жарашат.


Владимир Баев- Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген кызматкер:-
2004- жылдын мыкты спортчусу деп- жакында эле Кипрде өткөн эл аралык фехтование мелдешинде алтын медаль уткан Мирсаид Миржалиловдун атын атайт элем. Мирсаид Кыргызстанды эл аралык аренада таанытып жүргөн жигит.
Кыргыз туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин жетектөөчү адиси Шадатбек Акматов:
Менин пикиримде жылдын мыктысы оор атлетчи Улан Молдодосов. Себеби ал АКШнын Мерлин шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк студенттердин чемпионатында алтын медаль утуп алууга жетишкен. Ошондой эле бишкектик Клюшкина Анна да жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатынын алтын медалын тагынды.


Өлкөнүн спорт коомчулугунун өкүлдөрү өтүп бараткан жылдын мыкты спортчулары кимдер экендигин айтты. Расмий түрдө Кыргыз туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети 10 мыкты спортчу, 5 машыктыруучу жана 3 спорт журналистин жаңы жылдын январь айында аныктамакчы.

ЭКОНОМИКАНЫН ЖАЛПЫ МЫЙЗАМЫ БИРДЕЙ, ЭМНЕЛИКТЕН ӨЛКӨЛӨРДҮН БИРИ ЖАРДЫ, БИРИ КЕДЕЙ

Узатып аткан жылдын башталышы айтылуу «Кумтөр» алтын кенинин айланасындагы кезектеги бүдөмүк иштин жаңжалына туура келген. Кыргыз өкмөтү канадалык «Камеко» корпорациясынын жаңы түзүмү «Центерра Гольд» компаниясынын акциясынын 30% алып, дүйнөлүк базардагы ыкластуу оюнчулардын катарына кошулду.

Аз өтпөй 30% акциянын жарымын соодалап ийип андан 80 миллион ашуун доллар киреше таптканын, бул акча буюрса социалдык маселелерди жумшоого жөнөтүлө тургандыгын жай ортосунда өкмөт башчы Н.Танаев жалпыга жарыя кылган. Күттүргөн акча айтылган маалында Улуттук банктын эсебине түшпөй артынан биртоп түкшүмөл суроолорду жаратты. Акчанын маалкатып кеч келишин Улуттук банк төрагасы Улан Сарбанов мындайча түшүндүргөн.

- «Центерра» компаниясынын кыргыз өкмөтүнө тийиштүү акциялары ушул жылдын июнь айынын аягында сатылган. Акча болсо сентябрь айынын соңунда келип түштү. Анын себеби укуктук процедураларга байланыштуу. Ал биринчи иретте ачык акциялар өнүккөн өлкөнүн фондулук биржасында сакталышына байланыштуу болду. Ал жерде көптөгөн кеңешчилер укукка байланышкан маселелердин башын ачып беришти. Андан соң «Кыргызалтын» өкмөт менен сатык маалында кармалып алынчу салыктар тууралуу кеп-кеңеш курду. Бул ишке тиешеси бар адамдардын жол чыгымы жана башка ыгым-чыгымдар такталгандан кийин гана акча сентябрдын аягында бизге келип түштү. Акчанын келип түшүшүнө 3 ай убакыт кетти.

Улан Сарбановдун ырастагандай, «Кыргызалтын» акционердик коомун тейлеген «Стандартбанк» 3 ай сакталып турган акчанын үстөк пайызын төлөп берди. Парламент депутаты Акылбек Жапаров «Кумтөр» алтын кенинин акциясын сатыкка койгон кыргыз өкмөтү бул ирет да пайда табалган жок дейт.

- Алтын боюнча айтып коеюн дегеним, мен комиссия мүчөсү элем, президент А.Акаевге кат менен да кайрылгам. «Центерра» кылбай Кумтөр, Жерүй, Талдыбулактын сол жээги – үчөөн биригип кыргыздын компаниясы болуп дүйнөлүк базарга чыгып акцияларын сатса пайда түшмөк дегем. «Центеррага» кошулганыбыз туурабы-туура эмеспи, аны тарых далилдейт. Аны бир жылга чейин сатпашыбыз керек эле. Биз болсо аны 0,1% менен сатып ийдик. Азыр болсо «Центерранын» акциялары 0,4% болуп калды. Иш жүзүндө биз утулуп калдык. 84 миллион доллар эмес, 280 – 300 миллион доллар акча таап алсак болот эле. Доллар өзү менен өзү кете берет экен. «Кумтөр» алтынын сатпай, акчага алмаштырбай сактап турсак жакшы болмок эле.

«Кумтөр» алтын кенинин айланасындагы талаш жыл кур эмес чыгып кайра өчүп келатат. Кыргыз экономикасына эгемендик жылдары келип түшкөн эң ири тикелей инвестициянын антип бүдөмүк иштерге малынып калышын айрым эксперттер кымбатбаа металлдын табиятына байланыштырат. А бирок, алтынга байланышпаган ичер суу, балдардын азык-түлүгүнө деп оголе көп акчаны дайынсыз жок кылган айтылуу «Жибек жолу» акционердик коомунун карызын ушу тапта өкмөт бюджеттен акча алып өзү төлөөдө.

Ушундан улам тыштан алынган карыз акчалардын кайрымжысы, дегеле чет элдик жардамдардын натыйжалуулугу кийинки кездери чоң талкууга түшүүдө.

- Эч ким даяр рецептери менен келсин дебейт. Тигил же бул программа ишке киришерден мурун эл анда кандай иштер жасаларын, эмне милдеттер коюларын билиши керек. Алар өкмөт эмне максатты көздөп, эл аралык уюмдар кандай милдеттерди тагып атканынан кабардар болгусу келишет. Негизи өкмөт менен элдин ортосунда байланыш болушу зарыл,- дейт парламент депутаты Марат Султанов.

Экономиканын жалпы мыйзамы бардык жерде бирдей. Мында талаш жок. Адам деле ошондой. Бирок да, бирөөлөр Кытай медицинасы менен дарыланса, башкалары элдик табыпчылыкка ыктаса, бирөөлөрү салттуу медицинаны баарынан жогору коет.

- Экономиканын жалпы мыйзамы бир болгону менен ар бир өлкөнүн өзүнчөлүгү бар. Мына ушул өзүнчөлүктү эске алуу абзел. Бизде болсо баарына бирдей мамиле жасалат. Мынабул дарыны алып ичип көр, ичер сууң болсо айыгып кетерсиң, болбой калса айла жок. Болжол менен айтканда ушундай жагдай түзүлүүдө,- дейт Марат Султанов.

Кыргызстандын мурдагы Каржы министри Султан Медеров эларалык каржы уюмдары бардыгына бирдей талап коюп, окшош чен өлчөм менен карап мамиле кылат дейт.

- Эларалык валюта кору өлкө сөзсүз аткара турган параметрлерди аныктап койгон. Мисалы, бюджет таңкыстыгынын параметри, жүгүртүүгө чыгарылган акчалардын көлөмү, инфляция өлчөмү жана башкалар. Мындай жагдайда өкмөт оңой жагына качырат. Маселен, айыл чарба өндүрүшчүлөрүнө кошумча нарк салыгын салууну Эларалык валюта кору сунуш кылган эмес. Бул өкмөттүн ичинен чыккан демилге. Эларалык валюта кору кезектеги меморандумга тезирээк кол коюшу үчүн биз баарын жасоого кайылбыз. Өкмөттө иштеп кеткен киши катары мен бул жагдайды жакшы билем. Менин оюмча, биринчи кезекте өкмөт Бреттон-Вуд институттары менен болчу мамилесин кайрадан карап чыгышы керек.

Өкмөт эларалык валюта корунун жакырчылыкты азайтуу, экономикалык туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу программасын астейдил аткарып, Париж клубуна кирген өлкөлөргө төлөнчү карызды кийинкиге жылдыртуу аракети менен алек. Ошондон ал эларалык каржы уюмдарынын текши баары менен жакшы ымала түзүп, алардын айткан-дегенин илгиртпей аткарган үлгүлүү окуучусу болгонуна эле сыймыктанып жүрөт.

2004-жыл: Кыргызстандын саясий турмушунда кандай из калтырды?

Өтүп бара жаткан 2004-жыл Кыргызстандын саясий турмуш тарыхында кандай окуялар менен коштолду? 2005-жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоонун жүрүшүнө кандай таасир берет?

2004-жыл -- социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылы деген ат менен калды. Президент Аскар Акаевдин берген баасы боюнча, мындай ураан аркасы менен жакырчылыктан жылына 4 процент кыскарган деңгээли быйыл 6 процентке чейин төмөндөдү:

-Быйылкы социалдык мобилизация жана акыйкат башкаруу жылында кедейчиликтин деңгээлин 6 процентке кыскартып олтурабыз. Бул абдан зор жетишкендик. Бул Кыргызстанда 25 миң үй-бүлө кедейликтен чыгып, жакшы турмуш куруп калгандыгын белгилейт.-

2004-жылдагы башкы саясий окуяны аныктоо жүргүзүлгөндө мамлекеттин тарыхында из калтырган 10 окуяны атасак болот. Жыл Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын иш бөлмөлөрүнөн тыңшоочу аппараттардын чуусу менен башталып,Улуттук коопсуздук кызматы биринчи жолу мамлекеттик сырды ачыкка чыгарды деген кине менен бул ишке тиешеси бар бир нече атуулга кылмыш иш козгоо менен коштолду. Андан кийинки саясий урунттуу окуя президенттин шакирти, Коопсуздук Кеңеш төрагасы Мисир Ашыркуловдун оппозицияга кетип, «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесин түзгөнү болду. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ташболот Балтабаевдин баамында, бул- Кыргызстандагы саясий күчтөр бир багытты көздөп, бир баскычка көтөрүлгөн далили:

- Бул Кыргызстан өзүнүн өнүгүү баскычындагы жаңы чекке келгендигинин далили. Кыргызстандыктар мындан ары мындай жол менен бара албайт, элдин кызыкчылыгын коргогон, жүрөгү эл деп соккон саясатчылар менен башкаруучуларга абадай муктаж, өлкөнүн улуттук мүмкүнчүлүгү Кыргызстандын эли үчүн кызмат кылыш керек дегенди билдирип турат.,-

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров кыймылдардын кызматташууга ниеттениши радикал оппозициянын жеңиши деп баалайт.Ал эми президент Аскар Акаев бул кыймылдардын ниет-максаты элдин мүдөөсүн көздөгөн аракетинен күмөнү күч:

-Мына ушундай кыймылдар, «элдикбиз» деп, эл аралык уюмдардын заказы менен элди бүлүндүрүп, элди бөлүп-жарган ушундай кыймылдарга мен каршымын. Бизге ушундай кыймылдардын кереги жок. Мына биз акыркы эки жылда туруктуу өнүгүп жатабыз. Экономикалык өсүш 6-7 процентти түзүп жатат. Мына ушуну сактап, 2005жылдагы шайлоолордун убагында да туруктуулукту, элибиздин ынтымагы менен ырашкерликти сакташыбыз керек.

Кыргыз саясатчылар баамында олуттуу саясий окуя-«Ар намыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловдун 2005-жылдын аягында абактан чыгары жөнүндөгү чечим болду. Партия төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин айтымында, бийлик Куловдун президенттик шайлоодон кийин чыгышы үчүн атайын аракет кылды:

-Кулов бошонуп калмак. Аны бийлик байкап калып, чыкпаш үчүн атайын аракет кылды.

Кыргызстандын саясий турмушундагы дагы бир урунттуу окуя -өзгөртүлгөн Шайлоо кодексинин негизинде алгачкы ирет жергиликтүү кеңештерге шайлоо. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүгүү министри Төлөбек Өмүралиевдин пикири боюнча, шайлоо жергиликтүү элдин аң-сезимин көтөрүүгө өбөлгө түздү:

-Бул шайлоо олуттуу окуя болду. Себеби,тарыхыбызда алгачкы жолу шайлоого жамааттар, саясий партиялар, коомдук уюмдар активдүү катышып, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын 46 процентин 11 саясий партиянын мүчөлөрү болуп калды. Бул жергиликтүү башкаруунун өкүлчүлүктүү органы саясатташып, уруучулуктан, регионализимден арылганга жакшы шарт түзүлүп калды.

Кыргызстандын саясий турмушуна өзгөчө боек сүрткөн окуялардын катарына Ички иштер министрлигинин башкарма башчысы Чыныбек Алиев, жана башка сегиз атуулдун буйрутма жол менен жок кылынышы жана Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундун табышмактуу жоголуп кайра табылышы болду. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Шерниязовдун билдирүүсү боюнча, буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн бети ачылбайт.Себеби, тартип коргоо органдары ага алсыз:

- Анткени, кылмыштуулукту Кыргызстандын чеги менен гана кароого мүмкүн эмес. Аларда аймак деген түшүнүк жок. Ал эми аларга каршы күрөшүүчү милициянын акыбалы адам ыйларлык..

Өтүп жаткан жылдагы дагы бир окуя Кыргызстандын эл аралык аброю менен беделин салмактоого шарт түздү. Ал «Кумтөрголд» компаниясынын акциясынын сатылышы.Кумтөрдүн акциясынын «Центерра голд» фирмасына сатылышын депутаттар менен укук коргоочулар эл аралык деңгээлдеги көз боемочулук деп баалады. Алардын бири Орозбек Дүйшеев:

- Бул Кыргызстандын экономикасына оор залал алып келген саясат болду. Мен бир нече мисал келтирейин. Биз акцияны сатып, ал үчүн 85 миллион доллар алдык. Бирок, анын баасы бир жумадан кийин бир жарым эсеге кымбаттап кетти. Андан кийин алтындын баасы кымбаттады. Биздин эсеп боюнча андан түшкөн кирешеден улам биз алынган кредиттен быйыл толук кутулуп, эмдиги жылдан тарта дивидент алмак болчубуз. Алтындын бир унцийинин баасы азыр 400 доллар болгондон кийин, менин эсебим боюнча,келерки жылытаза киреше иретинде 60 миллион доллар алмакбыз. Бул сомго которгондо 2 жарым миллиард сом дегенди билдирет. Мындан башка Кумтөрдүн жанынан азыр 60 тонналык алтын кени чыгып жатат. Эми бул кен дагы аларга өтүп кетип жатат. Демек, булардын баарын кошкондо «Кумтөр-1» деген долбоордун негизинде Кыргызстан 1 миллиард долларга чейин жоготуп коюшу толук мүмкүн. Мына бул Кыргызстандын бирден бир байлыгын жоготкон абдан зор экономикалык ката.

СӨЗ ЭРКИНДИГИ БАР ГО, БИРОК…

Эларалык уюмдар Кыргызстандагы сөз эркиндигин адатта коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу баалап келишет. “Дания падышалыгында баары жакшы эмес» дегендей, бул жерде деле адам укугунун урунт проблемасына байланышкан маселелер толтура.

Кыргызстан шартында маал-маалы менен сөз эркиндиги жайында кабатыр кеп-сөздөр чыгып калат. Башында эркин журналисттерди темир тор артына отургузган бийлик кийинки кездери таасир көрсөтүүнүн таңкалыштуу, бирок да натыйжалуу жолун таап алды. Мыйзам сыйлаган өлкөдө монополияга каршы туруу, кайсы бир маалымдоо каражатынын үстөмдүгүн жоюу аракети калк арасында катуу каршылыкты жаратпайт. Бирок да, Кыргызстанда монополияга каршы туруу мыйзамын оппозициялык маанайдагы эркин гезитке каршы пайдаланыш ыктымалдыгын эч ким ойлобосо деле керек.

- Мен Кыргызстанда сөз эркиндигинин толук орношуна кызыкдар адаммын. Бүгүнкү иш-чара анын бир күбөсү. «МСН» гезитине байланышкан иштин аки-чүкүсүн жакшы билбейм. Ар бир өлкө өз алдынча бул маселеге киришет. АКШнын элчиси катары менин мамилем башкача. Бирок да айтып коюшум керек, жарандык коомдун өнүгүшү, сөз эркиндиги, оппозициялык саясий күчтөрдүн биригиши жагынан Кыргызстан коңшуларына үлгү,- дейт элчи Стивен Янг.

Ушундай эле пикирин Эларалык валюта корунун миссия жетекчиси Тапио Саавалайнен да билдирген жайы бар.

- Менин жарым укуктук жагынан адис. «МСН» гезитинин айланасындагы талашты угуп ал да абдан таңгалды. Гезитке каршы коюлуп аткан кине бийик баа, башкалардын ышкысын өчүргөн ынтаа болуш керек. Бирок да, баанын арзандыгы гезитке каршы коюлчу доого негиз боло албайт. Гезит базарда башкалардын баарын сүрүп таштаган үстөмдүк абалда экенин далилдөө керек. Тилекке каршы, мен гезиттин баарына үстөм экенин далилдеген фактыларды билбейм. Эгер андай болсо аны укуктук жагынан ырастоо керек,- дейт Тапио Саавалайнен.

«МСН» гезитинин айланасындагы талаш кийинки жылдардагы кыргыз басма сөзүнүн эркиндиги тууралуу проблемага барып байланууда. Кыргыз журналистикасы барып-келип сот системасынын ыкралына башиерин, үчүнчү бийликте сөз эркиндигинин тизгини жатканын «МСН» гезитинин кабарчысы Рина Приживойт момундайча билдирди:

- Кыргызстандагы жарандар жана журналисттер үчүн негизги маселе сот системасынын бийликке күнкордугу жана жылдан-жылга тарып бараткан сөз эркиндиги болууда. Башкача айтканда, мыйзам бар, Конституция турат. Бирок да, мына ушул маалымат мейкининде жашап атканыбыз үчүн оголе чоң бааны төлөп атабыз. Мен муну ичимен кан өтүп айтып отурам. «Моя столица» гезити ушуну менен төртүнчү ирет башкача аталыш менен чыгышка мажбур. Себеп дегенде, аны бир нече ирет мыйзамсыз эле жаап коюшту. Биздин сотко кайрылууларыбыз, албетте, Юстиция министрлигинин пайдасына чечилип келди.

Президенттик акимчиликтин жетекчи орунбасары Болот Жанузаков бийлик менен маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү – баары тең Кыргыз мамлекетинин, өлкөсүнүн жарандары деп эсептейт. Ошондуктан анын ысыгы менен суугу баарына бирдей болушу керек, деген пикирлде:

- Эң алгач бийлик менен маалымдоо каражаттары бир коомдун институттaры экенин айта кетким келет. Кыргыз коомунун ишенген институттары. Биз баарыбыз тең коомубуз жакшы багытка илгерилесин деген үмүттөбүз. Бийликтин милдети – маалымдоо каражаттарына укуктук жагынан жакшы иштөөсү үчүн шарт түзүп берүү. Маалымдоо каражаттары кабарларды маалында таркатып туруусу абзел. Менин оюмча, бул жаатта биртоп эле иштер жасалууда. Бирок да, иш боюнча сын пикирлер, мен айтар элем, туура сындар айтылууда. Туура, айрым маалыматтарды убагында, туура жеткирүү жагында өксүктөр болууда. Аны жоюу баарыбыздын ишибиз,- дейт Болот Жанузаков.

Сөз эркиндигинин абалын изилдеген эларалык «Фридом Хаус» уюмунун билдирүүсү боюнча Кыргызстан эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул жерде мыйзам жүзүндө белгиленген укуктар жүзөгө ашырылбайт. Анан да журналистке карата кылмыш ишин ачууга мүмкүнчүлүк берген 127-берене Кыргызстандын Кылмыш кодексинен алына элек.

АКЫЙКАТ БАШКАРУУ ЖЫЛЫ «ШЫЛУУНДУК ЖЫЛЫНА» АЙЛАНДЫБЫ?

Айданбек Ташкенбаев, Бишкек 30-декабрда Мыйзам чыгаруу жыйыны калкты паспорт менен камсыз кылуу маселесин карады. Депутаттар бул ишти жыл ичиндеги эң башкы көз боемочулук деп аташты. Маселени талкуулоо 31-декабрда улантылат.

Калктын жакын арада жаңы паспорт менен камсыз болбошу 29-декабрда айкын болду. Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитетинин төрагасы Исмаил Исаковдун айтымында, жаңыдан даярдалган паспорттогу герб мамлекеттик символдон, гербден жети жеринен айырмаланып турат. Дагы бир депутат Алишер Сабиров дал ушул мамлекеттик символду маскаралагандык үчүн Маалыматтык ресурстар жана технологиялар агенттигинин мурдагы башчысы Юрий Лысогоровду кылмыш жообуна тартыш керектигин билдирди. Жаңы паспорттор эмне себептен берилбей тургандыгын Мыйзам чыгаруу жыйынындагы талкуудан кийин Биринчи вице премьер министр Кубанычбек Жумалиев “Азаттыкка” билдирди:

Биринчиден өзүңүздөр уккандай жаңы чыгарылган паспортто гербди тартканда бир топ мүчүлүштүктөр кетип калыптыр. Мына ошондуктан бул паспорт ишке киргизилбейт. Жүз миң даана жасалган экен, аны жасоого ким күнөөлүү болсо –алар кеткен каражатты мойнуна алыш керек.

Анын айтымында, паспорт маселесин чечүү үчүн вице премьер- министр Токтобүбү Айтикеева башында турган комиссия түзүлдү. Ал иштей баштады.

29-декабрга палата жыйынына президент жана өкмөт башчы чакырылган. Бирок ал экөө тең келген жок. Алардын ордуна Биринчи вице премьер -министр Кубанычбек Жумалиев баш болгон бир топ министрлер келди. Жыйынга катышып отурган Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков башкы паспортчу Юрий Лысогоровдун кызматтан бошотулганын кабарлады:

29-декабрда Кыргыз Республикасынын президентинин буйругу менен Юрий Лысогоров ээлеген кызматынан бошотулду.

Андан кийин талкуу сөз башталды. Алгачкы сөздү алган депутат Адахан Мадумаров эки өлкөнүн атуулу болгон Лысогоровду бул кызматка ким сунуштаганын иликтеп чыгып, күнөөлүүлөр жазаланыш керек деген оюн айтса, Ишенбай Кадырбеков жаңы паспортторду даярдоодо кетирилген мыйзам бузууларды тизмектеп, бул жерде коррупциянын изи жатканын белгиледи. Депутаттар Өмүрбек Текебаев, Алымбай Султановдор бул ишти коррупциянын анык белгиси, афера деп атады.
Орозбек Дүйшеев паспорт аферасы жалгыз эмес, андай иштердин кезектегиси экенин билдирди:

Бизде афера көп болуп жатат. Биринчиден, Кумтөр маселеси. Муну биз эмес чет өлкөлүктөр жазып чыкты, Кыргызстандагы масштабдуу афера деп. Экинчиден, энергетика маселеси боюнча канча талаш-тартыштар болду. Бул тармакта да афера.

Депутат Ташболот Балтабаев болсо мамлекет өз атуулдарын паспорт менен кыла албай өз функциясын аткара албай калганын айтса, депутат Дооронбек Садырбаев калемпир-мурчтуу сөзү менен буларга токтолду:

Өткөн күнү күчүк алып бер деп неберем кыйнагандан ит базарга барсам, сатылып аткан күчүктүн да паспорту болот экен. Кытайдан чыккан балдардын оюнчуктарынын да паспорту болот экен. Үтүктүн да паспорту болот экен. Бардык айбандын, техниканын паспорту бар экен. Анан эмне үчүн менин шайлоочуларымдын паспорту жок? Кыргыздардын паспорт алууга укугу болбой калдыбы? .

Депутат Эркин Булекбаев жаңы паспорт жасоо ишиндеги финансылык жана башка көз боемочулуктардын схемасын айтып берди.
Мыйзам чыгаруу жыйыны бул ишти жума күнү кароону улантат. Ал күнгө өкмөт башчы Николай Танаев кайрадан чакырылды.
Депутаттар паспорт маселеси боюнча токтом долбоорун даярдашкан. Анда бул багыттагы өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп табуу, ага ишеним көрсөтпөө, символдор бузулган үчүн жаңы паспортторду жараксыз деп табуу, депутаттык комиссия түзүп маселени иликтөө пункттары киргизилген. Токтом 31-декабрда добушка коюлмакчы.

Азыркы кырдаал президенттин мураскерин атоого мажбурлайбы?

Шаршембиде Кыргызстандагы оппозициячыл багыттагы саясий беш уюм кызматташуу келишимине кол коюп, парламенттик шайлоодо бир ниетте иштөөгө багыт алды. Ушул эле күнү шайлоонун адилет өтүшүн камсыз кылуу үчүн 27 коомдук, бейөкмөт уюм жана саясий кыймыл атуулдук тилектештик түздү. Коомдук-саясий күчтөрдүн минтип биригиши өлкөнүн адегенде мыйзам чыгаруу бийлигин, андан кийин президентин мыйзам чегинде алмаштыруу аракети күч алгандыгын айкындоодо.

Парламенттик шайлоо маалында кызматташууга ниеттенишкен саясий уюмдардын эң башкы максаты шайлоону калыс жана адилет өтүшүн камсыз кылуу. Бирок, мындай аракет шайлоодо мыйзамдан четтеген көрүнүштөр байкалса эле элдин нааразылыгын күчөтөөрүнөн кабар берүүдө.Өлкөдөгү айрым саясатчылар жана чет өлкөлүк байкоочулар жазып жаткандай Кыргызстанда «мандалак революциясы» болушу мүмкүн экендигин түкшүмөлдөтүүдө. «Ата журт» кыймылынын мүчөсү, депутат Өмүрбек Текебаевдин айтымында, буга мыйзам бузуулар жана бийликтин одоно кийлигишүүсү башкы себеп болот:

-Эгер парламенттик шайлоонун жыйынтыктары одоно жасалмаланып, кысым көрсөтүлсө Грузия жана Украинадагы окуялардын кайталанышы толук мүмкүн .

Ушул эле кыймылдын мүчөсү Адахан Мадумаровдун баамында, шайлоодо мыйзам бузуулардын болушу ажеп эмес. Себеби, ал талапкерлердин атаандашы эмес бийлик менен элдин таймашы болот:

-Бул шайлоодо эл менен бийликтин ортосунда күрөш жүрөт. Себеби, азыр бийлик өзү көзөмөл кыла ала тургандай, чөнтөккө сала ала тургандай депутаттарды колдон келишинче алып келгенге аракет жасайт. Ошол эле учурда эл тарабынан, элдин чыныгы өкүлдөрү талапкерликке көрсөтүлөт. Ушинтип эл менен бийликтин ортосунда чоң күрөш болот .

Ал эми өкмөт башчынын аппаратынын жетекчиси, министр Бекболот Талгарбеков өлкөдө оппозиция өкүлдөрү күткөндөй революциялык кырдаалды пайда кылчу экономикалык-социалдык негиз жок деген ойдо . Анын баамында, оппозиция элди шайлоонун жыйынтыгынан кийин козутууну көксөп турат. Ушундан улам өкмөт азыр революциялык кырдаалды түзбөш үчүн шайлоону адилет өткөрүү аракетин көрүп, премьер-министр башында турган атайын штаб түздү. Анын өкүлдөрү шайлоо маалында сегиз багытта иш жүргүзүп, шайлоо өнөктүгүнүн мыйзам чегинде гана өтүшүн көзөмөлдөйт. Андан тышкары өкмөт оппозиция өкүлдөрүнүн «жергиликтүү кеңештерге шайлоодо өкмөт мүчөлөрү социалдык мобилизациялоо жылы деген шылтоо менен үгүт иштерине катышты» деген сындан жыйынтык чыгарып, жер-жерлерде кураторлук кылган министрлерди андай милдеттен бошотту:

-Биз ошондой сындан дароо жыйынтык чыгарып, министрлерди кураторлук милдеттен эки-үч күндөн кийин эле бошоттук. Мына бул дагы шайлоо адилет өтсүн деген аракеттин бир мисалы…

Кыргызстанда Украинанын таасири менен бийликти күч менен алмаштыруу аракети катуу болот,ошондуктан азыркы президент андай кырдаалдын алдын алып, батышка да, ички оппозиция менен элге да жагымдуу мураскерин атап, такты талаш күрөшүн басаңдатууга милдеттүү деген ойлорун жаза баштады. «Кыргыз президентинин айланасында азыр андай талапка төп келээр мураскер жок» деген депутат Адахан Мадумаровдун баамында оппозиция тарапта андай талапка ылайык бир-эки адам бар.Бирок, аттарын атоо азырынча эртелик кылат. Өкмөттүн аппарат башчысы Бекболот Талгарбеков болсо президенттин мураскери жөнүндө ой толгоонун жөнү жок деген пикирде:

- Мындай маселени караштын өзү азыр туура эмес. Себеби, азыр парламенттик шайлоо болгон жатат. Парламенттик шайлоонун алдында президенттин мураскерин атайт деген ойдун өзү абсурд.

Ал эми биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев өлкөдө президент өз мураскерин атоого негиз берчү жагдай жок жана мамлекет башчы өз кезегинде шайлоо жолу менен гана тандалууга тийиш деген ишенимде:

-Менин оюмча, бул маселеге бир гана конституциялык жол менен мамиле жасашыбыз керек. Ошондо бардык маселе өз жолу менен, шайлоонун негизинде чечилет.

АЛТАЙ БӨРҮБАЕВ: БИЗДЕ РЕВОЛЮЦИЯ БОЛБОЙТ, АГА НЕГИЗ ЖОК

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев 30-декабрда журналисттер үчүн пресс-конференция уюштуруп, анда палатанын беш жылдык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Төрага ошондой эле коомдук-саясий кырдаалга, парламенттик шайлоого байланыштуу журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы, “Адилет” партиясынын теңтөрагасы Алтай Бөрүбаев Президенттин реформасын жактаган партиялар парламенттик шайлоонун алдында бир блокко биригиши ыктымал экенин белгиледи. Анын пикиринде парламенттик шайлоонун эркин, демократиялуу өтүшүнө бардык мыйзамдык негиздер бар, анын үстүнө калктын маданияты жетиштүү:

- Элдин саясий маданияты алда-канча көтөрүлдү, эл бирөөлөрдүн, акча бергенине, сый көрсөткөнүнө алданбайт, кимди керек деп эсептесе, ошону шайлайт.

Алтай Бөрүбаевдин ишениминде ага жараша шайлоо тынчтыкта өтөт:

- Бархат революциясы деп атайбызбы, өзгөчө бизге ат коюп коюптур “жоогазын революциясы” болот деп, менин оюмча, андай революциялар бизде болбойт, болууга да негиз жок. Ошондой болсун деп тилеген айрым инсандар бар. Ошону каалагандар бар. Бирок, элибиз-журтубуз андай революцияларды каалабайт.

Төраганын айтымында “революцияларды экспорттоо - жасалма жол”.

Буга чейин Батыштын “Гардиан” гезити революция экспорту жөнүндө жазып, Украинадагы “саргыч революция” ийгиликтүү ишке ашса, мындай аракеттер Борбор Азияда, ириде Кыргызстанда да болорун болжоп, анын “мандалак революциясы” деп аталыш ыктымалдыгын белгилеген. Президент Аскар Акаев баштаган расмий бийлик оппозиция каалап жаткан мындай революцияга жана аны уюштуруучулардын аракеттерине жол берилбей тургандыгын, шайлоо мыйзам чегинде, демократиянын талаптарында өтөөрүн байма-бай айтып жатат.
Ал эми бийликтин акыйкат шайлоо өткөрөрүнө ишенбеген саясатчылардын бири, депутат Ташболот Балтабаев “аткаруу бийлигинин реалдуу аракеттерин талдаганда, ушундай коркунуч бар” экенин жокко чыгарбайт.

Маалымат жыйынында дээрлик өлкөдөгү саясий окуяларга байланыштуу суроо-жооптор болгону менен, Алтай Бөрүбаев маалымат жыйынында негизги көңүлдү парламенттин беш жылдык ишмердүүлүгүнө бурду. Анын айтымында, коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө парламент өз салымын кошо алды. Алардын ичинен «Рентонгрупп», «Жибек жолу» өңдүү чырлуу маселелерди жөнгө салууга олуттуу салым кошту. Төрага парламенттин негизги ишмердүлүгүнүн өзөгүн бюджеттик маселелер түзөрүн белгиледи:

- Дээрлик жыл сайын биздин талаптар боюнча республикалык бюджетке өзгөртүү, түзөтүү киргизип турдук.

Бирок, айрым саясатчылар Эл өкүлдөр жыйыны өз мүмкүнчүлүгүн толук пайдалана алган жок деп сынга алып жүрүшөт. Маселен, Ташболот Балтабаевдин айтымында:

- Менде ушундай ой калды. Кошуна палата көп актуалдуу маселелерди алып чыгып, ошону акырына жеткире албай жатышты. Маселен, алардын негизги мыйзамы болгон бюджеттик мыйзамдын аткарылышы. Биринчи алынган мыйзам улам кыскарып баратты. Айрыкча, социалдык чөйрөгө бөлүнгөн мыйзамды алар, секвестрация деген бир түшүнүк бар экен бюджетте, ошол секвестрация жолу менен мыйзамсыз сарпталып кеткен элдин, мамлекеттин ресурсун мыйзамдаштырып берип атышты.

Ал эми экономикалык өнүктүрүү, тышкы соода жана өнөр жай министри Амангелди Муралиевдин айтымында:

- Эл өкүлдөр палатасы жемиштүү иштеди. Эмне үчүн дегенде, эң негизги маселелерге толук көңүл буруп, биртоп маселелерди ыңгайлуу чечти. Биринчиден, бюджет маселелерин.

Эл өкүлдөр жыйыны өткөн беш жыл ичинде 21 сессия өткөрүп, анда 115 мыйзам, 1267 токтом кабыл алган, 205 мыйзам долбоорун жактырган.

ОСМОНАКУН ИБРАИМОВ: «ЧИНОВНИКТЕР АТТАН ТҮШҮП ЭЛДЕР МЕНЕН АРАЛАШЧУ МЕЗГИЛ КЕЛДИ»

2004-Акыйкат жылында Кыргызстан кандай ийгиликтерге жетишти? Жакырчылык кыскарып, коррупциянын күчү тайдыбы? 30.12.2004.

Мына ушул жана башка суроолорго Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов кеңири жооп берип, өлкөдө түзүлүп жаткан саясый кыймылдарга карата өз пикирин билдирди. Ошондой эле ал оппозициянын кыйкырыгысыз эле алдыдагы шайлоолор адилеттүү өтөөрүн айтты.

Кыргызстанда Эркин жана акыйкат шайлоо үчүн Атуулдук тилектештик түзүлдү

Азиза Турдуева, Бишкек 29-декабрда курамында 170 бейөкмөт уюмду бириктирген “Демократиялык коом жана атуулдук коом үчүн” Коалициясы, Кыргызстан Элдик кыймылы, “Ата журт” коомдук-саясий кыймыл, 100дөн ашуун коомдук уюмдан турган “Улут Ордо” коомдук уюмдар бирикмеси жана башка ондогон бейөкмөт, коомдук уюмдар “Эркин жана акыйкат шайлоо үчүн» Атуулдук тилектештиктин түзүлүшү жөнүндөгү Декларацияны жарыялашты. Тилектештиктин негизги максаты: алдыдагы парламенттик шайлоону мыйзам чегинде, адилет өткөрүү.

“Эркин жана акыйкат шайлоо үчүн” Атуулдук тилектештиктин түзүлүшү жөнүндөгү Декларацияда: “Бүгүн өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабаган ар бир атуул Кыргызстан эгемендүүлүгүнө ээ болгон мезгилден бери басып өткөн жолуна калыс көз жүгүртүп, анын ийигиликтери менен кемчиликтерин акыйкат таразалоого милдетүү жана жооптуу болуп турган мезгил... Алдыдагы шайлоонун озгөчөлугү - өлкөнүн тарыхый тагдырын жакшы жакка бурууга, убадаларын ишке ашыра албаган эски башкаруудан элин ойлогон, сөзүнө бек турган намыстуу жетекчилерди тандап алуу мүмкүнчүлүгүн берип жаткандыгында”, - деп жазылган.

Атуулдук тилектештиктин башкы органы Башкаруу Кеңеши болот. Ага Тилектештин курамындагы бейөкмөт, коомдук уюмдардын 7 жетекчиси кирет. Алардын ичинде “Улут Ордо” бирикмесинин төрагасы Дастан Сарыгулов, бейөкмөт уюмдар Коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов, “Интербилим” борборунун төрайымы Асия Сасыкбаева жана башкалар бар.
Тилектештиктин түзүлүшүнүн башкы себеби жөнүндө “Демократия жана атуулдук коом үчүн” бейөкмөт уюмдар Коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов мындай дейт:

“Биздин негизги максат – алдыдагы парламенттик шайлоонун Конституциянын, мыйзамдардын негизинде өткөрүү. Шайлоочулардын укуктарын бузууга жол бербөө. Азыр президент саясий бирикмелерди, бейөкмөт уюмдарды күнөөлөп жатпайбы, алар Батыштан акча алышат, коомдо башаламандык кылууга аркеттенишүүдө деп. Мындай күнөөлөр негизсиз. Кыргызстанда шайлоонун адилет, эркин өтүшү Батышка керекпи? Анын Батышка кереги жок. Кыргыз парламентине татыктуу адамдардын келиши эң биринчи кезекте Кыргызстан элине керек. Мына ошол үчүн алгачкы ирет ушунча көп саясий бирикме, бейөкмөт, коомдук уюмдар биригип жатат”, - дейт Эдил Байсалов.

Атуулдук тилектештикке кирген “Атажурт” коомдук-саясий кыймылынын тең төрайымы Роза Отунбаева шайлоо алдында өлкөдө мындай тилектештиктин түзүлүшүнө байланыштуу:

“Биздин эл алардын добушу эч нерсени чечпейт деп, шайлоолордун акыйкат өтүшүнө ишенбей калган. Ошондуктан, биз элге “ойгонгула!”- деп, үнүбүздү жеткиришибиз керек. Ошону үчүн биз биригип олтурабыз”, - дейт Роза Отунбаева.

Айрым саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бийлик өзү да парламенттик шайлоо ачык-айкын өтүшүнө кызыкдар болуп жаткандан кийин, азыр Кыргызстанда мындай Атуулдук тилектештиктин түзүлүшүнүн зарылдыгы жок деген пикирлерин билдиришүүдө. “Жаңы күч” партиясынын төрайымы Токон Шайлиева буга байланыштуу:

-Эми биздин президент өзү айтып жатпайбы шайлоолор демократиялык принциптердин негизинде, ачык өтсүн деп. Эми булардын деле максаты ошол экен. Менимче, ар кандай мындай бирикмелердин түзүүнүн кажети жок”, - деген пикирин ортого салды Т. Шайлиева.

Ал эми “Улут Ордо” бирикмесинин төрагасы Дастан Сарыгулов тилектештиктин түзүлүшүнө мындайча токтолду:

“Кыргыздын турмушун чет жактан бирөө келип, же казак, өзбек туугандар келип ондоп бербейт. Кыргыз эли өзү өзүнүн келечегине кайдыгер карабашы керек. Ал мен элдин келечеги үчүн, мекенимин келечеги үчүн шайлоого жигердүү катышуум керек деп, шайлоонун терең маңызын түшүнүүгө аракеттениши керек. Биз шайлоочулардын шайлоого карата болгон мамилесин, көз карашын өзгөртүүгө аракет жасайбыз”, - деди Дастан Сарыгулов.

“Эркин жана акыйкат шайлоо үчүн” Атуулдук Тилектештик кийинки аптада иш-планын жарыялап, анын Бишкекте жана жер-жерлерде штабдары түзүлөт. Өлкө боюнча шайлоочуларга атайын семинарлар уюштуруп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштайт.

Феликс Кулов жети айдан кийин боштондукка чыгабы?

Айданбек Ташкенбаев, Бишкек Кыргызстан элдик конгрессинин лидери Феликс Кулов төрт жылдан бери камакта. Өтүп бараткан жылы аны мөөнөтүнөн мурда бошотууга аракет жасалды. Бирок андан натыйжа чыккан жок.

Оппозиция лидери аталып келген Феликс Кулов учурда Сокулук районундагы №19 колонияда камакта отурат. Расмий бийлик өкүлдөрү ал мыйзам негизинде жаза мөөнөтүн өтөөдө деп билдирип келет. Президент Аскар Акаев ноябрь айында Германияга жасаган сапары учурунда Феликс Куловду катардагы коррупционер деп айыптаган. Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков Куловду саясий туткун, негизсиз камалды деген сөздөргө мындай пикирин билдирген:

Бул баягы сасык саясатчылардын чыгарган сөзү. Көрүнүп турат. Көзгө көрүнүп турган нерсени кантип танат? Сотто деле ошол маселелер айтылбадыбы. Сейтек шаарчасына Бишкек шаарынын 15 миллион сому кеткен. Кайткан жок ошол. Чүй облусунда губернатор болуп турганда берип жиберген 16 миллион сом ушул кезге чейин кайткан жок. Бул эмне коррупция эмеспи? .
Ал эми оппозиция өкүлдөрү жана адам укугун коргоо боюнча эл аралык уюмдар Феликс Кулов саясий негизде камалган деген ишенимде. “Арнамыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев бул тууралуу:

Мисалы Европарламент Феликс Куловду Сахаров сыйлыгына көрсөттү. Бул оңой нерсе эмес. Европарламент, бүткүл Европа Феликс Шаршенбаевичти саясий туткун деп жарыялады.

Куловдун боштондукка чыгуу мөөнөтү тууралуу Эмил Алиев буларды билдирди:

Канчалык созушпасын баары бир бир күнү чыгарышат. Бийликтин эсебин караган кезде деле чыгышына 7 эле ай калды. Бирок менин оюмча ага чейин эле чыгат.

Анын айтымында, 29-декабрда оппозициялык маанайдагы кыймылдардын биригүүсү Кулов тарабынан колдоого алынат:

Феликс Шаршенбаевич муну бир ай мурун эле МСН гезитине берген интервьюсунда айткан эле, оппозиция биригет деп. Ал оппозициялык күчтөр элдин кызыкчылыгы үчүн ушул кадамга барыш керек деп айткан.

Шаршембиде Кыргызстан элдик конгрессинин атынан меморандумга кол койгон Алмаз Атамбаев Конгресс өз лидеринин макулдашуусу менен бул кадам жасалганын билдирди:

Мен колумду Кыргызстан элдик конгресстин атынан койдум. Албетте, бул маселе Феликс Кулов менен макулдашылган.

Ал Куловду боштондукка чыгарбоонун себебин мындайча түшүндүрдү:

Бийлик ал кишиден абдан коркот экен да. Эгерде Феликс Шаршенбаевич келерки жылдагы президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алса ал киши утмак.
Эмил Алиевдин айтымында, азыркы кезде Феликс Кулов менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Аны менен байланыш кат жүзүндө болууда.Куловдун азыркы абалы жана маанайы тууралуу Эмил Алиев:

Маанайы жакшы. Феликс Шаршенбаевич азыр Украина, Грузияда болгон шайлоолорго карата өзүнүн оюн айтып, мындай кыймылдар бардык КМШ мамлекеттеринде болууда. Бул алардын демократияга баратканын көрсөтүүдө. Канча убакыт болбосун Кыргызстан да буга жетишет деп белгилөөдө.

ОППОЗИЦИЯЛЫК КҮЧТӨР БИРИГИШҮҮДӨ

Бакыт Аманбаев, Бишкек 29-декабрда Бишкекте оппозициялык маанайдагы беш бирикменин жетекчилери келээрки парламенттик шайлоону адилет өткөрүү максатында өз ара кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. Ага Кыргызстан элдик кыймылы, «Атажурт», «Жаңы багыт», Кыргызстан элдик конгресси жана Адилет шайлоо үчүн атуулдук бирикмесинин лидерлери кол койду.

Келишимге Кыргызстан элдик кыймылынын жетекчиси Курманбек Бакиев, “Жаңы багыт” кыймылынын төргасы Муратбек Иманалиев, Кыргызстан элдик конгрессинен Алмаз Атамбаев, Адилет шайлоо үчүн атуулдук бирикмесинен Мисир Ашыркулов жана “Атажурт” кыймылынын төрайымы Роза Отунбаева кол коюшту. Келишимге ылайык аталган оппозициялык бирикмелер келээрки паламенттик шайлоонун адилеттүү өтүшүнө биргелешип көзөмөл жүрүзүшүп, парламенттик шайлоого оппозициячыл саясий бирикмелерден көрсөтүлгөн талапкерлерге биргелешип колдоо көрсөтүшөт жана керектүү мезгилде биргелешкен саясий акция жана билдирүү жасашат. Ошондой эле мындай макулдашуунун маңызы тууралуу Кыргызстан элдик кыймылынын башчысы Курманбек Бакиев “Азаттыктын” кабарчысына буларды айтып берди:

-Беш кыймылдын биригишинин башкы максаты, парламенттик шайлоодо мыйзам бузууга жол бербөө. Эгерде ошондой фактылар боло турган болсо ага каршы бирге туруп, бирге чыгабыз. -дейт Курманбек Бакиев, ал эми Адилет шайлоо үчүн атуулдук бирикмесинин башчысы Мисир Ашыркулов мындай макулдашууга кол коюнун себеби тууралуу:

-Бул элдин башкы талабы болуп жатат. Элге чыкканда алар бириккиле, “Бөлүнгөндү бөрү жейт” деген сунуштарын айтышууда. Карапайым эл өзү оппозициячыл күчтөрдүн биригишин талап кылууда. ушундай оюн ортого салды Мисир Ашыркулов.
Ал эми “Атам мекен” партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев болсо, оппозициялык күчтөрдүн өз ара биригүүгө жасаган аракеттин маанилүү саясий окуя деп баалайт:
-Саясатта кандайдыр бир конкреттүү иштен да саясий ниет, саясий эрк чоң роль ойнойт. Ошондуктан мындай жакшы ниет, келишим чоң саясий окуя болуп калды.-деген оюн ортого салды «Атамекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев. «Атажурт» бирикмесинин лидерлеринин бири Адахан Мадумаров болсо келечекте мындай бирикмелер өз ара макулдашып эле тим болбостон жалпы бир бирдиктүү элдик фронтко биригиши зарыл дейт:

Биз бул кадамды таштагандан кийин кийинки кадамды ташташыбыз зарыл. Кийинки кадам дегеним, беш баштуу кыймылдар бара бара бир баштуу элдик фронтту түзүш керек. Ал жалпы республика боюнча күчтөрдүн башын бириктирип, чоң күчкө айланыш керек.
Ушундай пикирде «Атажурт» саясий бирикмесинин уюштуруучуларынын бири Адахан Мадумаров. Ал эми Элдик конгресс бирикмесинин төрагасынын орун басары Алмаз Атамбаев болсо, эгерде, келээрки шайлоолордо мыйзам бузуулар орун алса, Кыргызстанда да башка өлкөлөрдөгүдөй түстүү революциялар орун алышында шек жок деген пикирде:
Ачык айтаканда, эгерде, бийлик мыйзам бузууларга барып, ошого алып барса башка өлкөлөрдөгүдөй революциялар болушу ыктымал. Мына биздин «Социал демократия» партиясынын белгиси жоогозын. Эгерде бийлик ошого алып барса андай окуялар Кыргызстанда да кайталанат. Ошондуктан бийлик өзүн сыйласа, элди сыйласа мыйзам бузууларга барбашы керек. деди Алмаз Атамбаев.
Белгилей кетүүчү нерсе, болочок шайлоолор алдында оппозициячыл күчтөрдүн биригишине аткаруу бийлигин кайдыргер калтырбайт. Мамлекет башчы өткөн апта соңунда кыргыз теле көрсөтүү аркылуу сөз сүйлөп, Кыргызстанда түзүлгөн ар кандай саясий бирикмелер, Грузия, Украинадагыдай саясий окуяларды Кыргызстанда уюштурбаш үчүн аларга ар тараптуу сокку уруу керек деген пикирин билдирген. Ал эми президенттик админстрация башчысынын орун басары Болот Жанузаков мындай биригүүлөр тууралуу:
Мындай аракеттерди азыркы демократиянын шарданы катары кароого болот. Бул ошол демократиялык принциптин ачык көрүнүшү. Кыргыз бийлиги эч убакта мындай аракеттерге тыюу салбайт. дейт Болот Жанузаков.

ЖАШТАР БИЙЛИК КЫСЫМЫНА КАРШЫ

Бишкекте жаштардын айрым бейөкмөт уюмдары бийлик тарабынан акыркы убактарда студент жаштарга карата жүргүзүлүп жаткан түрдүү кысымдарына каршы билдирүү жасады. Жаштардын укугун коргоо багытында бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн күчөтүү үчүн бир уюм алдына баш кошу максатын билдирүүдө.

Жаштардын «Алико», «Жаңы кылым» жана «Жаңы Кыргызстан» бейөкмөт уюмдарынын лидерлеринин билдирүүсү боюнча, учурда мамлекет тарабынан жаштарга эч кандай жардам же колдоо жок. Ал эми жаштар тууралуу мыйзамдар иштебейт. «Жаңы Кыргызстан» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Алмазбек Кожомкуловдун айтымында бийлик жаштарды референдум же шайлоолор болордо гана пайдалануу максатында түрдүү иш-чараларды уюштура баштайт, ал эми бул өз кезегинде студенттерди жеңил башкарылуучу добуш берүүчүлөр катары колдонууну камсыздайт:
Парламенттик, президенттик шайлоонун алдында гана жаштар ассоциациялары, союздары, форумдары уюштурулуп башталат. Мунун көпчүлүгү бийлик тарабынан, Ак үйдүн көрсөтмөсү менен уюштурулат. Ушунун баары жүрүп отуруп, жаштарды оңой пайдалануучу курал катары колдонуучу мамилеге айланып калат
-дейт Алмазбек Кожомкулов. Маалымат жыйынында айтылгандай, октябрь айында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун алдында студенттер окуу жайлардын жатаканаларына шашылыш түрдө каттоого тургузулган. Жыйындын уюштуруучулары мындай көрүнүш азыркы мезгилде да кызуу жүрүп жаткандыгын белгилешти. «Алико» бейөкмөт уюмунун лидери Алишер Мамасалиевдин айтуусунда адатта шайлоочулардын басымдуу бөлүгүн студенттер түзгөн шайлоо округдарында бир топ мыйзам бузууларга жол берилет, ошону менен катар эле студенттердин укуктары тебеленген учурлар да бар:
Бизге студенттер келип, акыркы сессиялар окутуучулардын колундагы студенттерге басым көрсөтүүчү курал болуп жаткандыгын айтышат. Алар колдорунан келишинче зачет, экзамендер аркылуу студенттердин талапкерлерди өз алдынча тандоосуна таасир тийгизүүгө аракет жасашат. Ал эми шайлоо мезгилинде студенттерди бир нече жолу бир эле адамга добуш берүүгө мажбурлашкан учурлар көп эле кездешип жүрөт. Кыскача айтканда, бийлик үчүн -жаштар шайлоо мезгилинде бир жерден экинчи жерге айдап барып, мажбурлап добуш бердирүүгө жана алардын добуштарына ээ болууга мүмкүнчүлүк бере турган оңой башкарылуучу электорат болуп калды
-дейт Алишер Мамасалиев. Маалымат жыйынынын уюштуруучуларынын билдирүүсү боюнча учурда жаштардын бейөкмөт уюмдары өздөрүнүн ишмердүүлүгүн арттыруу максатында бир уюмдун алдына биригүүнү көздөп жатышат. «Жаңы Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Алмазбек Кожомкуловдун айтымында азыр жаштардын беш өкмөттүк эмес уюму чогуу иш алып барууда.
Ушул эле 29-декабрь күнү Бишкекте мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун катышуусунда жаштардын «Мен-Кыргызстан» деп аталган форуму болуп өттү. Форумду президенттик админстрация менен спорт, туризм жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик департамент уюштурган. Спорт, туризм жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик департаменттин кызматкери Уланбек Сапиевдин айтымында шайлоо алдында гана бийлик жаштарга көнүл бөлөт деп кине коюу негизсиз:
Бүгүнкү өтүп жаткан акция жаштарды кимдир-бирөөгө добуш бергиле деп үгүттөө максатында өтүп жаткан жок. Азыр биз да, жаштар да шайлоолордун адилет өтүүсүн каалайбыз
-дейт Уланбек Сапиев.

«Бешбармак революциясы» болобу же болбойбу? «Грузия, Украина- кезекте ким?»

Мээрим Султангазиева, Бишкек Өлкөнүн саясий турмушу жергиликтүү гезиттердин башкы темасына айланды.Басма сөзгө жарыяланган саясий макалар ар кандай кайчы пикирлерди жарыялоо менен ушул таптагы саясий жараяндан толук кабар берет.Басма сөз каржаттары айрыкча алдыда келаткан шайлоо өнөктүгүнө карата кээ бир чөлкөмдөрдөгү талапкерлердин жүргүзүп жаткан шайлоо технологиясына баа берүү менен шайлоонун жарышы кадимкидей башталгандыгын каңкуулайт. «Аргументы и факты» басылмасы жергиликтүү гезиттердеги шайлоо маселесинин чагылдырылышын терең анализге алып, кызыктуу иликтөөнү жүргүзгөн.»Вечерний Бишкек» гезити Беслан апаатында барымтада калган жердешибиз Малик Калчакеевдин Кыргызстанга кайтып келүүсү тууралуу кеңири чагылдырган.Бул аптада басма сөз каражаттары өлкөнүн турмушун ар кыл өңүттөн жазды.

Жогорку Кеңешке талапкерлердин шайлоо алдындагы таймашуусу башталды. 29 декабрда жарыка чыккан «Аргументы и факты» гезити шайлоо маселесине арналган макаланы жарыялаган. Анда макаланын автору айрым жергиликтүү гезиттердин шайлоо астындагы макалары тууралуу пикирин айткан. Мисалы, «Агым» гезитинде орун алган Нарын облусу боюнча талапкерлердин саясый күчтөрү туурасында кеңири айтып бергенин сынга алды. Ошондой эле макаланын автору Темиржан Тукембаев, «Аргументы и факты» гезитинин журналисти Ибрагим Рустамбектин Кыргызстанда «бешбармак революциясы» болот деген пикири менен макул эместигин билдирди.
Ал эми шаршемби 29 -декабрда жарыка чыккан «Вечерний Бишкек» басылмасында Бесландагы алааматтан аман калган биздин жердешибиз Малик Калчакеевдин атасы менен маек орун алды. Анда Маликтин атасы Марат Калчакеев Бесландагы кысыктан бери бир топ убакыт өтсө да, элдер эс учуна келе элек, айрымдары азыркыга чейин жакындарынын сөөктөрүн издеп жүрүшөт, деп белгилейт маекте Марат Калчакеев. Ал эми баласы Малик Англиянын ханзаадасы Елизаветанын чакыруусу менен англияда жүргөнүн айтты. Ошондой эле Маликтин атасынын айтуусунда келе жаткан жылдын январь айында үй бүлөөсү менен кайра Кыргызстанга кайтып келебиз деген ишенимин билдирди.


«Улуттук банк туруктуулукту убада кылат»-, деп «Вечерний Бишкек» гезитине маалымдады. Улуттук банктын төрага орунбасары Максатбек Ишенбаев
Улуттук банк декабрда америкалык валютаны сатып алууга мажбур болуу менен улуттук валютанын туруктуулугун сактоого 8 миллион доллар жумшаган, эми колдоо көрсөтпөсө “эң туруктуу” валюта арзандап кетиши мүмкүн деп билдирди.

Ал эми «Общественный рейтинг» басылмасынын бүгүнкү санында
Финаны министри Болот Абилдаев менен маек орун алды. Анда ал экономикалык көрсөткүчтөр жакшыргандыгын, ошондой эле республикада бажы кызматын модернизациялоо боюнча долбоор ишке киргизилип жатканын айткан.

Министрдин пикири боюнча, бажы режимин өтө катуулатууну кереги жок, анткени ошондон улам Кыргызстанда социалдык маселелер көбөйүшү мүмкүн, баалар көтөрүлүшү мүмкүн деп билгилейт маегинде каржы министри.
«Общественный рейтинг» гезитинин ушул эле санында саясат тануучу Сыргак Абдылдаевдин «Грузия, Украина-кезекте ким?» деген макаласы орун алды. Саясат тануучунун пикири боюнча, АКШнын Орусия позициясы боюнча кийинки сокку Орто Азияга келмекчи, ал эми эксперттердин айтуусу боюнча, эң эле ылайыктуу-бул Кыргызстан. Мындан тышкары автор Кыргызстанда «боз үй революциясы» болушу ыктымал деп алдын ала билдирүү жасады. Ошого карабастан азыркы тапта республикада саясый күчтөрдү бириктире турган лидер жок, деп жазат гезит.

Кыргызстанда 2004-жылы коррупцияга каршы күрөшүү кандай жүргүзүлдү?

Азиза Турдуева, Бишкек 2004-жылы Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү багытында жүргүзүлгөн иш-чараларга ар кандай баа берилүүдө. Өлкөдөгү Акыйкат башкаруу боюнча Консультативдик Кеңештин жетекчилиги, айрым бийлик өкүлдөрү Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү системалуу түрдө жүргүзүлө баштагандыгын белгилешсе, кээ бир саясатчылар болсо, үстүбүздөгү жылы коррупцияга каршы күрөшүү сөз жүзүндө гана болду деген пикирлерин билдиришүүдө.

2004-жыл Кыргызстанда “Социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылы” деп жарыяланып, өлкөдө акыйкат башкаруу боюнча Консультативдик кеңеш түзүлдү.
Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү багытында айрым мыйзамдар кабыл алынып, кээ бирлерине толуктоолор менен өзгөртүүлөр киргизилди. “Коррупциясыз келечек - Трансперенси Интернешнл” коомдук бирикмесинин жетекчиси Айгүл Ахметжанованын пикиринде быйыл кыргыз өкмөтү тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бир катар алгылыктуу иш-чаралар жүргүзүлдү:

“ Ушул жылы биз өкмөт, президенттин администрациясы тарабынан бул багытта жүргүзүлгөн позитивдүү кадамдарды байкадык. Жемиштүү реформалар башталды. Мунун баарын биз да колдойбуз. 2005-жылы биз Крыгызстандагы мамлекеттик кызматтын ишиндеги ачык-айкындуулукту жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашырабыз. Биз келечекте Кыргызстан “Трансперенси Интернешнл» уюмунун иликтөөлөрү боюнча жакшыраак орундарды ээлейт деп үмүттөнөбүз””, - деди Айгүл Ахметжанова.

“Трансперенси ИНтернешнл” Эл аралык уюму тарабынан быйыл жүргүзүлгөн 146 өлкөдөгү коррупциянын өнүгүү деңгээлин иликтөөсү боюнча Кыргызстан дүйнөдөү эң коррупцияланган өлкөлөрдүн катарына кирип,126чы орунду ээледи.

Акйыкат башкаруу боюнча Консультативдик Кеңештин төрагасы Кубанычбек Өмүралиевдин пикиринде, быйыл өлкөдө мурдагы жылдарга салыштырмалуу коррурцияга каршы системалуу турдө күрөшүү башталды:

«Албетте, Кыргызстанда буга чейин да коррупцияга каршы күрөш жүргүзүлүп келген. Бирок, быйыл ага каршы күрөш комплекстүү, системалуу турдө башталды. Бул тууралуу президент Аскар Акаев да белгиледи», - дейт Кубанычбек Өмүралиев.


Ал эми айрым саясатчылардын көз карашында, Кыргызстанда коррупция мурдагыдай эле өнүгүп жатат жана быйыл ага каршы күрөшүү сөз жүзүндө гана болду. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Укук тартиби, коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Комитетинин төрагасы Алымбай Султанов да ушундай пикирде:


“Кыргызстанда быйыл иш жүзүндө коррупцияга каршы күрөш жүргүзүлгөн жок. Коррупцияга карыш күрөшүүнүн зарылдыгы боюнча президент да көп эле айтты. Бирок, эч кимден, тартип коргоо органдарынан ал жоопкерчичликти сураган жок. Кыргызстан эң коррупцияланган өлкө деп эсептейм. Ким, кайсы чиновник мыйзамсыз иштери үчүн жоопко тартылды? Эч ким”, - дейт Алымбай Султанов.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлчүлүгү белгилегендей, Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш коңшу борбор азиялык өлкөлөргө салыштырмалуу дурус жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин өкүлү Асым Ачикел мындай дейт:

“ Коррупцияга каршы күрөшүүнүн жана акыйкат башкаруунун негизги факторлору – мыйзамдын сакталышы, бийлик органдарынын коомчулуктун алдындагы жоопкерчилиги жана коомчулуктун бийликти көзөмөлдөө иштерине активдүү катышуусу. Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөшүү багытында көмөк иретинде ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси өлкөдөгү Акыйкат башкаруу боюнча Консультативдик кеңешинин интернет=сайтын түзүү иштерине колдоо көрсөттү.Бул сайттын түзүлүшү баарыбызга коррупцияга каршы күрөшүү тармагында жүргүзүлгөн иштерди билүүгө жана аларга карата пикирлерди айтууга мүмкүнчүлүк берет”, -дейт ЕККУнун өкүлү Асым Ачикел.

Акыйкат башкаруу боюнча Консультативдик Кеңешинин төрагасынын пикиринде Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш натыйжалуу болушу үчүн коомчулуктун активдүүлүгү жетишпей жатат:

“Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүүгө эң алды менен эл өзү жигердүү катышы керек. Ансыз эч кандай жыйынтык болбойт. Эл өзү губернатор, министрлер, акимдердин ишин көзөмөлдөшү керек. Антпесе, ар кайсы чиновник каалаганын жасай берет да”, -
дейт Кубанычбек Өмүралиев.

Ал эми мыйзамчы –депутат Алымбай Султанов коррупциянын өнүгүшүн токтотуу үчүн:

“ Ал үчүн президент, премьер-министр, губернатор, аким, айыл өкмөттөр таза болушу керек. Эл алардын тазалыгына ишениши керек”, - деген оюн айтты Алымбай Султанов


Айрым серепчилердин пикиринде, ушул жылы өлкөдө кабыл алынган Мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлеген чиновниктердин, алардын жакын туугандырынын мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү, ошондой эле “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолордун киргизилиши өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөшүү тармагындагы иш-аракеттерге оң таасирин көрсөтөт. Кээ бир эксперттер болсо, Кыргызстанда коррупциянын өнүгүшү келерки парламенттик жана президенттик шайлоого да олуттуу залакасын тийгизиши толук ыктымал.

БЮДЖЕТТИ МЫЙЗАМЧЫЛАР ЖАКТЫРЫШТЫ, АНЫН КЫЙЛАСЫ УУРДАЛЫП КЕТЕТ

28-декабрда парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйыны 2005-жылдын бюджетин жактырып беришти. Өлкөнүн негизги экономикалык документи кош палата элегинен өткөн соң президентке жөнөтүлөт.

Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан эки окуудан соң кабыл алынган бюджет мыйзамы төмөнкү палатанын жактыруусуна коюлушу парламент 1995-жылдан ажырымга бөлүнгөндөн бери жасалып келаткан көнүмүш жөрөлгө. Мыйзам чыгаруу жыйын төрага орунбасары Кубатбек Байболовдун ырасташынча, маанилүү экономикалык документ Эл өкүлдөр жыйын депутаттары менен өкмөттүн ыкластуу мамилесинин натыйжасында кенен талкууга алынбай эле кабылданып келатат:

- Бюджетти Эл өкүлдөр жыйыны талкуулап, Мыйзам чыгаруу жыйыны аны үстүрт карагандыктан гана өтүп атат. Эгер эки палата тең чындап карай турган болсо ал кабыл алынбай эле экөөнүн ортосунда жүрүп калмак. Бюджет буга чейин аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосундагы келишим катары гана кабыл алынып жатат.

Антип бир палатанын гана кароосуна коюлган бюджет мыйзамынын аткарылышы да артынан толгон-токой суроолорду ээрчитип келүүдө. Өкмөт кабыл алынган мыйзамды жыл бою бир нече ирет өзгөртүп, андан да өкүттүүсү, миллиондогон сомдор солго жумшалып кетүүдө.
- Ири-ири мекемелерди салыктан бошотпой, салыкты толугу менен чогултуп, бюджетке түшпөгөн көмүскө экономиканын акчасын ачыкка чыгарып, өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүн толук пайдалана турган болсок, 16 эмес, 32 – 30 миллиард сомдун тегерегинде акча чогултуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жыл сайын чогултулган акчанын 20 – 25% бюджеттен уурдалып жатат.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын Салык, бажы жана башка жыйымдар боюнча комитет төрагасы Акылбек Жапаров 2005-жылдын бюджети социалдык багытты аркалаган документ болду, деген пикирде.

- Мына, 2000 менен быйылкы жылды салыштырып көрсөңүз киреше жагы 7 миллиард сомго чейин өстү. Демек, биз жаңы салыктарды киргизген жокпуз. Салык өлчөмдөрүн көбөйткөн жокпуз. А эмки парламентке, буюрса, биз келип калсак Каржы министрине айтабыз: «Эмне үчүн 50 миллион доллар бирөөнүн чөнтөгүнө түшүп атат? Эмне үчүн бюджетке түшпөй атат», деп.

Палатанын Бюджет жана банк иштери боюнча комитет төрагасы Марат Султановдун ырасташынча, 2005-жылдын бюджетинин аткарылышына парламент жана президент шайлоонун таасири сөзсүз тиет. Ансыз да жалаң саясий өнөктүктөр менен көбүрөөк алектенген азыркы өкмөттүн экономикалык реформаларды жакшы өткөрүүгө буямасы келбей жатат.

- 2005-жылдын бюджети каралып атканда, дегеле шайлоо жылдын бюджети бекилип атканда дайыма социалдык секторго өзгөчө көңүл бурулат. Мындай иш 2000-жылы да болгон, 1995-жылы деле болгон.

Кыргызстандын Каржы министринин биринчи орунбасары Эмирлан Төрөмырзаев эмдиги жыл бюджетинин киреше бөлүгү быйылкыга салыштырмалуу 2 миллиард акчага арбын, ал эми Париж клубуна кирген өлкөлөргө төлөнчү карыз маселеси эмдиги жылдын жазында чечилет деген пикирде.

- 4 миллиардга жакын сомду биз тышкы жана ички карыздарды төлөөгө жумшалат деп караганбыз. Париж клубунун жыйынынан соң бюджеттин мына ушул каржылоо жагын кайра карап беришет. Бир 2 миллиард сомго бюджетибиз көбүрөөк болуп жатат. Социалдык секторго 16% көбүрөөк акча бөлүнөт.

Эгемендик жылдарында эпсиз көп алмашылган өкмөт, удаалаш өткөн шайлоо, референдумдар Кыргызстанда олуттуу экономикалык реформаларга караганда саясий өнөктүктөргө өзгөчө маани берилгенин айгинелеген сабак болду окшойт.

- Мына, 2002-жылга чейин экономикалык реформалар жакшы жүрүп келген, күүсү да дурус болчу. Андан кийин басаңдап, азыр токтоп калды. Жалаң эле саясат. «Мен президент болом, мен президенттиктен кетпейм», деген эле сөз,- бул Акылбек Жапаровдун пикири.

Эмдиги жылы алмашылчу бийлик аны эсепке алабы-жокпу, аны, албетте, мезгил көрсөтөт.

Ющенко үчүнчү ирет жеңишке жетиштиби?

Айданбек Ташкенбаев, Бишкек 26-декабрда Украинада президенттик шайлоо болуп өттү. Анда оппозиция лидери Виктор Ющенконун жеңишке жетишкени маалымдалууда. Кыргызстанда бир катар саясатчылар муну мыйзам ченемдүү көрүнүш катары бааласа, добуш берүүнүн чынчыл жана акыйкат болгонуна шектенгендер да бар.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендердин 98% саналып чыкканын жана ага ылайык Ющенко Януковичтен 8.55% добуш көп алганын кабарлоодо. Кыргызстанда Украинадагы окуяларды расмий бийлик жетекчилери кескин айыптап, президент Аскар Акаев өлкөдө жаңыдан түзүлүп жаткан кыймылдарга сокку уруш керек, деп билдирүүдө.
Өлкөнүн тышкы иштер министри Аскар Айтматов Украинадагы шайлоонун жыйынтыгына карата мындай пикирин билдирди:

Кандай болгон күндө да биз украин калкынын тандоосун кубаттайбыз. Биздин өкмөт эл шайлаган талапкер менен иштейт. Биздин Украина менен достук, жакшы мамилебиз бар. Жаңы шайланган президент мына ошол мамилени өнүктүрөт деп ойлоймун.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Темир Сариев Украинада шайлоонун адилет болгонуна күмөнү бар экенин билдирди:

Ушул шайлоонун жүрүшүндө бир нече жолу эрежелер өзгөрүп кетти. Мен ошон үчүн айта албаймын бул ачык-айкын элдин оюн билдирген шайлоо болду деп. Анткени, эрежелер бузулгандан кийин баарын башынан башташ керек болчу, же эски эреже менен бүтүрүш керек эле.


Кыргызстандагы оппозиция өкүлдөрү тескерисинче Украинадагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын оң баалап жатат. “Атажурт” кыймылынын тең төрагаларынын бири Дооронбек Садырбаев мындай пикирин айтты:

Украинанын эли жеңишке жетишти. Себеби административдик ресурстардын баарын колдонуп, Россиянын кыйшың-мыйшыңын колдонуп, украин элинин эркин Путин баш болуп уурдап алгысы келди. Украин эли азамат экен уурдаткан жок. Биздин президент, өзбек президенти жана башка КМШ мамлекеттеринин кээ бир президенттери өздөрүнүн дилинин калыс эместигин президент болгондугу чечиле элек Януковичти куттуктап көрсөтүп койду.

Кыргызстан коммунисттер партиясынын жаңы лидери Николай Байло президенттик шайлоодо украин калкы жеңишке жетишти деген пикирде:

Бизде Ющенконун жеңүүсү -бул элдин эрки деп билдирүүсү деген билдирүү жасоого негиз пайда болууда. Эми ал тийиштүү конституциялык органдар тарабынан тастыкталса-анда бул украин калкынын тандоосу болот. Демократия Украинада бутуна тура баштады дегенге да негиз бар.

Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы 26-декабрдагы шайлоонун жыйынтыгын расмий түрдө жарыялаган соң кыргыз жетекчилиги жаңы президентке куттуктоосун жиберет.

Аскар Акаев «Кумтөрдүн» акциялары жана тышкы карыз жөнүндө

Чолпон Орозобекова, Бишкек Президент Аскар Акаев «Кумтөрдүн» акцияларынын эл аралык биржада сатылышынан түшкөн 85 миллион доллар каякка жумшаларын жарыя кылды. Мамлекет башчынын айтымында, ушуга чейин «Кумтөрдүн» тегерегинде талаш- тартышты оппозициялык маанайдагы депуттар көбүртүп келди. Ошол эле учурда айрым саясатчылар Аскар Акаевдин колунда «Кумтөр» тууралуу толук маалымат бардыгынан күмөн санашууда.

«Кумтөр» жөнүндө пикирин Аскар Акаев улуттук телеканал аркылуу болгон түз байланышта эки күн катар айтты. Мамлекет башчынын пикиринде, бир канча жылдар бою оппозициялык маанайдагы саясатчылар «Кумтөрдүн» тегерегинде сөздү көбөйтүп, көбүртүп жабыртып келишти. «Азыркы бийлик өз турумунда катуу туруу менен алысты көрөбилгендигин көрсөттү» дейт Аскар Акаев. Мамлекет башчынын айтымында, Кумтөр азыр кыргыз экономикасына зор салымын кошуп, ал эми азыркы күндө анын акцияларын эл аралык биржада сатуудан түшкөн 85 миллион долларды каякка жумшоо маселеси турат:
- Биздики туура чыкты, Кумтөр азыр өлкөнүн экономикасына жана элине пайда алып келип атат. Эми мен зор канааттануу менен биздин үлүштөгү акцияларды эл аралык финансылык биржага коюудан бир топ каражат тапканыбызды кабарлагым келет. Андан мурда биз Кумтөрдү ийгиликтүү реструктизациялаганга үлгүрдүк. Биздин акциялардын кайсы бир бөлүгүн сатуудан биз 85 миллион АКШ доллар көрдүк. Биз бул акчаны жалаң социалдык, өтө зарыл, эртеңкиге калтырууга мүмкүн болбой турган билим берүү, саламаттык сактоо тармагындагы жана жумуш ордуларын түзүү боюнча долбоорлорго жумшайлы деген чечим кабыл алдык,- деди Аскар Акаев.
Мамлекет башчынын айтымында, бул каражаттын жардамы менен өлкөдө ипотекалык ыкма менен үй куруу жана узак мөөнөткө кредит берүү турмушка ашырылат. Түз байланышта айтылган мындай ойдон кийин айрым саясатчылар жана депутаттар мамлекет башчынын «Кумтөрдүн» айланасындагы жагдайлар боюнча кабары жок окшойт дешет. Жогорку Кеңештин депутаты Орозбек Дүйшеев Кумтөр бизге мындан бир кыйла көп киреше алып келмек деген ойдо:
- Президент бул жаатта толук кабары жок адамдай сүйлөдү. Биринчиден, Кумтөрдүн курулушунда негизсиз эле 176 миллион сомго кымбатка түшүп, 300 миллион долларга чукул каражат түшпөй калган. Акцияларды сатып жыргап калдык дегени туура эмес, ошол акциялардын бизге эмдиги жылы 60 миллион доллар дивиденд көрмөкпүз. «Кумтөрдү» болсо сатып атабыз. Ушул сатылган акциялар дагы арзан кетип калганы дайын болуп отурат. Себеби, соңку маалыматтарга караганда, эл аралык рынокто «Кумтөрдун акцияларынын баасы бир кыйла өсүптүр,- дейт Орозбек Дүйшеев.
Түз байланыш учурунда президент Аскар Акаев Кыргызстандын тышкы карызы боюнча оптимисттик көз карашта сүйлөдү. Анын айтымында, 2005- жылы март айында Париж клубу Кыргызстандын карызынын эки тараптуу келишим аркылуу алынган кайсы бир бөлүгүн жоюп жана реструктуризациялап берет. Аскар Акаев Германия, Орусия жана Жапония өңдүү негизги донолордун Париж клубунда колдоп беребиз деген убадасын алыптыр. Кыргызстан Эл аралык валюта кору менен кол коюлган меморандумдун үч жылдан берки талаптарын кыйшаюусуз аткарып келди. Мунун жыйынтыгы катары Париж клубу өлкөнүн тышкы карыз жүгүн жеңилдетип бериши керек эле. Бирок, бул маселени Эл аралык валюта кору бир жылдан бери улам создуктуруп келатат. Байкоочулардын баамында, кыргыз бийлигинин айрым кадамдары жана өлкөдөгү саясий кырдаал терс таасирин тийгизүүдө. Жогорку Кеңештин депутаты Бектур Асанов кыргыз бийлиги адам укуктарын жана сөз эркиндигин сактап, демократиялык жараяндарга бут тоспогондо тышкы карызы азыркыдан бир кыйла аз болмок деген ойдо. Ал эми кай бир эксперттер жаңырган жылы март айында Кыргызстандын тышкы карыз маселесин Париж клубу карабайт деген ойлрун айтышууда. Мындай пикирдеги байкоочулардын баамында, Париж клубу бул маселени чечеби же дагы белгисиз мөөнөткө калтырабы 2005- жылдагы шайлоолрдун жүрүшү жана жыйынтыгы көрсөтөт дешет.

ПАСПОРТ ЖАҢЖАЛЫ ШАЙЛООГО ТААСИР ЭТПЕЙБИ?

Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны дүйшөмбү күнкү отурумунда паспорт жаңжалын бир жаңсыл чече алган жок. Депутаттар эки жолку отурумдан бери премьер министр Николай Танаевдин парламент отурумуна катышуусун талап кылып жатышат. Муну алар жаңы паспорт даярдоодо олуттуу мыйзам бузуулар болгон деп негиздешүүдө.

Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны Улуттук паспорттун жаңы үлгүсү менен калкты жабдуу маселеси боюнча талкууну улантуудан дүйшөмбү күнү баш тартты. Буга президенттик администрациядан, өкмөттөн чакырылган мамлекеттик жооптуу кызматкерлердин келбей калышы негиз берди. Парламентке вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов келишти, бирок, депутаттар алардын катышуусу жетишсиз деп эсептешти.

- Өкмөттүн маселесин чече албаган соң, президент бул жакка келиши керек. Улуттук паспорт маселесин кароого президентти чакырууну добушка коюуну сурайм,- деди депутат Бөлөкбаев.

Ушул өңдүү сунуштардын негизинде парламент талкууну президенттин, премьер-министрдин катышуусунда бейшемби күнү уламай болду. Депутаттар ошондой эле паспорттун жаңы үлгүсүнө тиешелүү бардык документтер менен парламентти жабдууну өкмөткө тапшырды:

- Бешинчи күнү эле айттык эле, ушул маселеге байланышкан документтердин бардыгы алып келинсин деп. Алып келинген жок. Ошондуктан, азыр айтып коюшубуз керек, Кубанычбек Мырзабекович(Жумалиев) тендердин материалдарын, контрактты, токтомдорду, уюштуруучуларды, паспортко байланышкан бардык документтерди депутаттарга алып келбесеңер, биз бүдөмүк-бүдөмүк эле сөз жүргүзүп атабыз, - деди парламенттин төрага орун басары Кубатбек Байболов.

Калкты жаңы паспорт менен жабдуу ишин учурда өкмөттүн алдындагы маалымат ресурстары жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттик аткарууда. Аны менен түзүлгөн макулдашууга ылайык Молдовиялык «Регистру» ишканасы Кыргызстан паспорттунун төрт түрлүү үлгүсүн даярдап чыгарды. Алардын алгачкы 11 үлгүсү президент баштаган мамлекеттик жооптуу кызматкерлерге тапшырылгандыгы тууралуу өткөн отурумда агенттиктин төрагасы Юрий Лысогоров маалымдаган болчу.
Агенттиктин маалыматына караганда, 2 млн.500 миң даана ички паспорт, 625 миң даана чет өлкөгө чыгуучу паспорт, 10 миң даана кызматтык жана 5 миң даана дипломатиялык паспорт чыгарылышы керек. Алардын ар бири жарандарга 4 евродон, 25 еврого чейинки каражатка сатылат. Ал эми паспортторду чыгаруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 51 миллион евро суралууда.

Бирок, депутаттар паспорттун жаңы үлгүсүн даярдоодо өкмөт ишенип тапшырган агенттик көз боемочулукка жол берип жатат деп шектенүүдө. Муну мамлекеттик бюджеттин эсебинен чыккан паспорттун калкка сатылышы менен байланыштырышат. Президенттин жардыгына ылайык түзүлгөн агенттиктин жетекчиси Юрий Лысогоровго да ишенишпейт, аны эки өлкө жараны катары санагандар мыйзам бузулду деп эсептешет.

- Мен ойлойм, ушу агенттиктин түзүлүшүнүн арт жагында бир балакет бар. Мына «Рентонгрупп» качты, таппай жүрөбүз. Жайсанбаев качты, таппай жүрөбүз. Ушуга окшоп эми паспортту даярдайбыз, элге сатабыз, анан ошондон пайда көрөбүз деген адамдар да бир күнү качып кетип, ушулардын да артынан баягы эле байкуш кыргыз издеп калбайбызбы деген ой, - дейт укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча комитеттин төрагасы Алымбай Султанов.

Депутат Ишенбай Кадырбековдун пикиринде, дегеле паспорт менен жабдуу эмне үчүн үзгүлтүккө учурап жатканын териштирүү керек:

- Паспорт – саясий маселе. Жарым жылдан бери эски паспорттун бланкы жок. Мамлекет барбы? Бир адамдын тагдыры мамлекеттин тагдырына барабар болушу керек да. Эгер бир адам шайлоого катыша албаса, дарылана албаса, чегарадан өтө албай атса, Өзбекстан болсо Ош, Жалалабад облустарында баскан-турганына паспорт текшертип атса, бул адамдар кантип иштей алышат, кайсы моралдык укуктары бар?

Талкуу учурунда паспортко байланышкан бул жаңжал парламенттик шайлоо алдында саясий кырдаалды курчутуп ийиши ыктымал дешти. Төрага Абдыганы Эркебаев саясий окуялардын алдында ушундай көрүнүштөрдү ырбатпай, алдын алуу өкмөт менен президенттик администрациянын милдети экенин белгиледи. Анткен менен, кокус депутаттардын каалоосуна ылайык президент жана премьер министр келбей калса, паспорт жаңжалы боюнча бир чечим кабыл алынбай калышы ыктымал. Анын себебин маселени палатага даярдоо милдети жүктөлгөн үч комитеттин биринин төрагасы Алымбай Султанов:

- Эң алгачкы себеби, премьер-министр ушул агенттик ачылыш керек деп үч токтомго кол койгон. Президент бир жардыкка кол койгон, ушундай агенттик ачылсын деп. Анан ал жардык менен токтомдорду жокко чыгарчу адам жок болсо бул маселе чечилбей кала берет.

Бирок, Султановдун пикиринде, паспорт маселесинин бир жаңсыл болбой калышы башка депутаттар белгилегендей, шайлоого кедерин тийгизбейт, анткени, мыйзам жарандардын шайлоого паспорттон башка документтер менен катышуусуна да жол берет. Бирок, кооптонто турган өңүт бул жагдайды бийлик шайлоо учурунда өз талапкерлеринин кызыкчылыгына пайдаланышы ыктымал, дейт депутат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG