Линктер

шейшемби, 23-июль, 2019 Бишкек убактысы 15:24

Кыргызстан

КАРЫЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Азиза Турдуева, Бишкек 1-октябрда карылар күнүнө арналган салтанат Бишкектеги «Сейтек» балдар театрында белгиленди. Салтанат шаар мэриясы тарабынан уюштурулду. Ага Бишкектин мэри Арастанбек Ногоев, шаарга караштуу райондук администрация жетекчилери, карылар катышты.

Карылар күнүнө арналган салтанатта адегенде Бишкек шаар башчысы Арстанбек Ногоев кары-картаңдарды бул күнкү майрамы менен куттуктады. Андан соң, 100 жаш курагынан өткөн Бишкектин тургундарына мэрия тарабынан акчалай сыйлыктар жана белектер тапшырылды. Белектер тапшырылгандан кийин карылар үчүн чакан концерттик программа тартууланды. Салтанатка чакырылган карыларга 500 сомдон акча жана белектер берилди.

Биз айрым карыларга кайрылып, алардын ал-абалына кызыктык. Айрым карыялар өкмөт колунан келишинче кары-картаңдарга көңүл буруп келе жаткандыгы жөнүндө айтышып, эгерде өлкөдөгү жалпы экономикалык абал жакшырса, өкмөт мындан ары да пенсиянын өлчөмүн көбөйтөт деген ищенимдерин билдиришти. Бул жөнүндө салтанатка катышкан эл акыны Сүйүмбай Эралиев мындай дейт:

- Эми азыр өкмөт пенсияны көбөйтүүгө аракетин жумшап атат. Бирок алардын да ал акыбалын эске алышыбыз керек. Анткени, эгерде колунан келсе, өкмөт карыларга болгон жардамын аябайт.

Ал эми пенсия курагындагылардын бир бөлүгү болсо, алардын бүгүнкү күндөгү оор турмушу жөнүндө айтышты. 68 жаштагы Татьяна Александрова мындай деди:

- Пенсионерлерге кыйын. Өзгөчө аз өлчөмдө пенсия алган пенсионерлерге өтө эле кыйын. Пенсиябыз 500 сом. Бул эмнеге жетет? Мен өмүр бою медицина тармагында иштедим. Азыр болсо, эптен күн көрүп жүрөмүн. Үстүмдөгү кийимди жаңылабаганыма 15 жыл болуп калды. Кийим эмес, тамак ашка да пенсиябыз жетпейт. Эми эптеп жашап жатабыз…

Дагы бир пенсионер Надежда Трофимова дарыланууга да каражаты жетишпегенин айтат:

- Мен өмүр бою курулуш тармагында кара жумуштарды жасап иштедим. Пенсия азыр жетишпейт. Батирге, электр жарыгына, телефонго төлөгөнгө да жетпейт. Азыр болсо мага көзүмө доктур бир дары жазып берди, 160 сомго. Мен андай акчаны кайдан тапмак элем.

Айрым пенсионерлер болсо, учурда карылар гана эмес, жаштар да өз баштарынан чоң кыйынчылыктарды өткөрүп жаткандыгын белгилешип, өкмөткө, жаштарга ийгилик каалашты. Улуу Атамекендик согуштун ардагери Тамара Балтабаева буларга токтолду:

- Эми азыр баары кыйын, баары жаман деп да отура берсек болбойт. Баарыбыз иштешибиз керек. Жаштар эмгектениши керек. Эми мен жаштарга, азыркы өкмөткө ийгилик каалайм.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 500 миңден ашуун пенсия курагындагы адам бар. Алардын алган пенсиясынын орточо өлчөмү 780 сомду түзөт.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ӨКМӨТТҮН КАЛГАН МҮЧӨЛӨРҮН ДА БЕКИТТИ

Жогорку Кеңеш 30-сентябрда президент менен өкмөт башчы сунуштаган вице-премьер-министрге, беш министрге жана бир комитет төрагасына иштөөгө макулдук берди. Булардын ичинен вице-премьер-министрликке талапкер катары Жогорку Кеңештин депутаты жана вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров парламентке алгачкы ирет сунушталды. Калгандары мурдагы добуш берүүдө өтпөй калган талапкерлердин ордуна кайрадан көрсөтүлгөн.

Президент менен өкмөт башчы экинчи ирет тышкы иштер министрлигине талапкер катары Аликбек Жекшенкуловду, транспорт министрлигине Нурлан Сулаймановду, социалдык коргоо министрлигине Евгений Семененкону, министр деңгээлиндеги премьер министрдин аппарат башчылыгына Турусбек Коеналиевди, маданият министрлигине Султан Раевди, миграция жана ишке жайгаштыруу комитетине Айгүл Рыскулованы сунуштаган. Булардын ичинен парламентте эң көп добуш топтогон Султан Раев болду. Аны 63 депутат колдоду. Ал эми вице-премьер министр Адахан Мадумаров зарыл болгон 38 добуштун ордуна 43 добуш алды. Бул аталган жети талапкерге берген добуштардын эң төмөнкү чеги болду.

Добуш берүүнүн соңунда өкмөттүн курамына макулдук бергендиги үчүн президенттин атынан анын өкүлү Данияр Нарынбаев парламентке ыраазычылык билдирди:

- Биринчи вице-премьер калды. Бул маселе деле жакынкы күндөрү чечилет болушу керек. Жалпы өкмөтүбүздүн курамын бекитип бергениңер үчүн чоң рахмат сиздерге.

Биринчи вице-премьер-министрлик орунга президент үч талапкерди сунуштап, бирок кайра кайтарып алган. Буга үч талапкердин экөө - Медетбек Керимкулов менен Данияр Үсөновдун талапкердиктен баш тартышы, парламенттин көңүлүнө төп келген талапкер, депутат Жантөрө Сатыбалдиевдин жалгыз калышы түрткү болгон.

27-сентябрдагы отурумда депутаттар өкмөт сунуштаган 16 талапкердин алтооно макулдук берүүдөн баш тарткан. Электен өтпөй калган ошол алты талапкердин салмагы жаңы сунушталгандардан алда канча жогору деп санагандар депутаттар арасында аз болгон жок. Алардын бири Марат Султанов буларга токтолду:

- Талапкерлер биринчи сунушталган талапкерлерге караганда кесипкөйлүк, эл ичиндеги кадыр-баркы жагынан алда-канча төмөнүрөөк турушат.

Анткен менен вице-премьер-министрликке макулдук алган Адахан Мадумаров ишти алып кетерине ишенет. Ошондуктан, ал депутаттык мандатын өткөрүп берүүнү көздөп жатат Мындай пикирин ал Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө да билдирди:

- Жогорку Кеңештин өкмөттөгү өкүлү катары иштегим келет. Сиздердин толук кандуу өкүлүңүздөр болуп, бул жердеги бардык коюлган маселелерди биргелешип чечүүгө бардык күчтү жумшагым келет.

Ал эми буга чейин президенттик администрациянын тышкы байланыш боюнча бөлүм башчысы болуп иштеп келген Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө, коопсуздукту сактоого, чет жердеги кыргыздардын укуктарын коргоого кол кабыш кылууну тышкы иштер министрлигинин артыкчылыктуу багыты катары атады:

- Ушул учурдан пайдаланып биз конкреттүү, натыйжалуу иштешибиз керек.

Алдыда узак мөөнөткө болжогон планы бар экендигин ушул эле күнү маданият министри Султан Раев да билдирди. Ал эми жаңы түзүлгөн миграция жана ишке жайгаштыруу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрайымы Айгүл Рыскулованын ишти эмнеден баштаары азырынча белгисиз.

Ал эми депутат Искак Масалиев өкмөткө иштөөгө мүмкүндүк берүү максаты менен гана талапкерлерге добуш берип жатканын билдирди:

- Мисалы, бүгүнкү берген алты талапкердин ичинен Адаханды колдосом, кээ бирлерин колдобойм. Себеби, бүгүнкү негизги багытка алар туура келбейт. Мисалы, ошол эле Семененкону алсак, ал бир аз кечигип калды, башка системанын кишиси. Жаңы бийликке толук иштеп берет деген ишеним жок менде.

Масалиев дегеле жаңы түзүлгөн өкмөттүн беш жыл толугу менен иштеп кетерине ишеними жок. Анын жеке пикиринде, макулдук алган кадрлардын кимиси ишти жөндөп кетери, кимиси четке чыгары жарым жылдан кийин эле аныкталып калат.

ПРЕЗИДЕНТТИК АДМИНИСТРАЦИЯ ПАРА АЛАБЫ?

Коомчулукта кыргыз бийлиги коррупциядан арыла албай жатат, кадр саясатында кемчилик кетирүүдө деген нааразы пикирлер жок эмес.Байкочулардын баамында, азырынча өлкөдө өзгөрүүлөрдүн белгиси байкалбайт. Кадр тандоо маселеси мындан ары кандай жүрөт? Президенттик администрацияда паракорчулук барбы? ЖалабатЫрысбай Абдыраимовдун ушул жана башка суроолоруна Президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыков Жалабат облусуна барган учурунда аймактагы кабарчыбыз ага ушул өңүттөгү суролорду узатып, кепке тартты.

- Үсөн мырза, Жогорку Кеңеште «Аскар Акаевдин доорунда президенттик администрацияда 5 миң доллар алса, азыр 15 миң доллар алышчу болду» деп айтылган пикирге оюңуз кандай?

- Кабай Карабеков ушул сөзүн аныктап берчү болсо мен администрациянын жетекчиси катары ар бир соттун алдында жооп беришке даярмын.

- Сиздин күйөө балаңыздын наркобарон катары Карасуу шаарындагы окуялардын башында турганы ыраспы?

- Ал Акаевдин командасынын жазган кагаздары. Анын баарын биз аныктадык. Алар айласы кетип, ар нерсени айтып атат. Эгерде наркобарон болчу болсо анда күйөө баламды отургузуш керек. Эгер мен аны коргогон болсом, анда мени да отургузуш керек.

- Коомчулуктун мурдагы бийликтин кадрларын тазалоо талабына кошула аласызбы?

- Арасында анча-мынча бар. Кыргызстан кадрга өтө бай эмес. Бардыгын бул Акаев менен иштеди эле, анын арыгын чапты эле деп бирден бошото берсек Кыргызстанда иштей турган киши калбайт. Мына ушул Акаевдин кадрларын жоюш үчүн, биз кадрларды даярдашыбыз керек. Бизге бир жылбы, эки жылбы керек. Ошонун ичинде кадрларды карашыбыз керек, андан кийин эл тынчсызданган кадрлардын көпчүлүгүн бошотуп, ордуна кыргыздын мыкты атуулдарынан коебуз. Бүгүнкү күндө сен Акаевдин куйругусуң, кет деп баарын айдаганда туура болбой калат. Себеби ал дагы бир мезгилде Акаевдин эмес мамлекеттин кызматын аткарган. Арасында катачылык бар, бардыгын жакшы билбейбиз. Себеби биз дагы кийинки мезгилдерде кадр тандоодо 10-15 жылдап сыртта калганбыз. Ошого карата сунуш кылган кадрларга макул болгон жагыбыз бар. Аны биз түшүнөбүз, аларды бат эле арабыздан жылдырууга чара көрөбүз.

- Азыркы бийлик коррупциядан арылчудайбы?

- Акыркы алты айдын ичинде мамлекеттик бюджетке 800 миллиондон ашык кошумча киреше кирди. Мунун бардыгы мурун чөнтөкө кетип жүргөн. Oшол акча бүгүн пенсияга кошулду. Төмөнкү даражадагы курамга – милицияга, мугалимдерге 50 пайызга чейин коштук. Биздин оюбуз бар жаңы жалдан баштап айлык акыны, пенсияны 50 пайызга көтөрөбүз деген. Ошол боюнча бир топ комиссия иштеди. Бир жылдын ичинде 5 миллиардга чейин кошумча киреше киргизебиз деген ой болуп атат. Ошонун үстүндө иштеп атабыз. 5 млрд. деген акча оңой эмес. Эгер ошол акчаны кошумча киргизчү болсок, 50 пайызга бардык айлыкты, пенсияны көтөрүүгө мүмкүнчүлүк болот.

- Өлкөдө жылыш болбой жаткандыгынын негизги себеби эмнеде?

- Буга дагы негизги себеп бар. Бүгүн жергиликтүү айыл өкмөттөрү, администрациялар боюнча кабыл алынган закон боюнча биз бүгүн иштей албай атабыз. Губернаторду дайындаш үчүн бүткүл айыл өкмөтүнөн депутаттарды чакырыш керек. Мисалы, Жалалабат облусунун бүткүл айыл өкмөтүнүн депутаттарын чакырсаң 2 миңден ашык болот. 2 миң киши менен маселени чечүүгө болобу? Ошон үчүн законго жакында өзгөртүү киргиздик, президент кол койгондон кийин райондун, облустун жетекчилерин толук кандуу жетекчи катары дайындайт президент. Андан кийин ошол жетекчилер өзүнүн тегерегиндеги туyра эмес иш жүргүзгөн адамдарды өздөрү тазалайт. Баарын эле республикалык администрация, же президент тазалашы кыйын.

- Азыркы куралып аткан кыргыз өкмөтүнүн мындан ары жакшы, өндүрүмдүү иштеп кетишине ишенич барбы?

- Бар. Себеби бүгүнкү күндө өкмөттүн курамына сунуш кылынган кадрлардын көпчүлүгү өзүнүн өндүрүштүк тармагын жакшы түшүнгөн адистерди сунуш кылып атабыз. Акаевдин мезгилиндегидей врачты айыл чарбасына, айыл чарба адисин медицинага койгон жерибиз жок. Ошол адистикте иштеп, бышкан кадрларды сунуш кылып атабыз. Биздин үмүтүбүз бар иштеп берет деген. Ошондой талапты коебуз аларга.

- Сиздин көз карашта облустарды жоюу максатка ылайыктуубу?

- Облустарды жоюу боюнча маселе бизден эле эмес, эл, адистер тарабынан дагы коюлган. Бирок президент кийинки мезгилде баарын топтоп, өкмөт менен бирдикте кеңешти. Азыркы күндө облустарды жоюунун кереги жок, алар менен иштешишибиз керек. Экинчиден, мамлекетте өтө көп чоң жумушсуздук бар, 15 жылда экономикалык артка кетүү болду. Мына ушуларды жолго салып, өндүрүш тармактарыбызды кайра ишке киргизгенден кийин, ошондо облус керек эмес деген талап болчу болсо, анда облусту жоебуз деген пикирге келдик.

- Маегиңизге ыракмат!

КЫЗМАТ ЖАНА УЛУТ МАСЕЛЕСИ

29-сентябрда Оштогу өзбек улуттук борбору өлкө президентинин, өкмөт башчысынын жана ЖК төрагасынын атына кайрылуу жолдоп, анда парламент тарабынан ички иштер министринин биринчи орун басары Шеркозу Мирзакаримовду кызматтан алуу тууралуу кабыл алынган чечимди кайра кароону өтүнүшкөн. Кайрылуу ээлери Шеркозу Мирзакаримов кызматтан алынса, бул анын улутуна байланыштуу болду деп эсептешээрин билдиришкен. Мындай кайрылуу коомчулукта өйдө-төмөн пикирлерди жаратууда.

22-сентябрь күнү Жогорку Кеңеш тарабынан өлкөдөгү акыркы убакта түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер министринин биринчи-орун басары Шеркозу Мирзакаримовду кызматынан четтетүү тууралуу чечим чыгарылып, президентке тапшырылган. Бир жумадан кийин, 29-сентябрда Ош шаарындагы өзбек улуттук борбору бул чечимди Кыргызстандагы өзбек эли түшүнбөстүк менен кабыл алгандыгы жана министрдин-орун басарынын кызматтан четтетилүүсүн анын улутуна байланыштуу болду деп эсептеп жатышкандыгын кабарлап, президенттен бул чечимди ишке ашырбоону өтүнгөн кайрылуу таратты. Кайрылуу ээлеринин бири, аталган борбордун маалымат катчысы Халил Худойбердиевдин айтымында, парламентте кызматтан кетирүү тууралуу аты аталган кызматкерлердин ичинен жалгыз гана Мирзакаримовго карата мындай чечим чыгып калышы өзбек элин тынчсыздандырууда:

- Жогорку Кеңеш бул чечимди эч кандай комиссия түзбөй, Мирзакаримовдун ишин изилдебей, тизме менен добуш берүүгө салып туруп гана кабыл алып койду. Министрлердин орун басарларын кызматтан алуу жана коюу премьер-министрдин милдети болсо да, бул жерде чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алып койду. Ошондуктан биз президенттен туура чечим кабыл алуусун өтүнөбүз жана үмүттөнөбүз.

Мындай кайрылуу коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. Айрым адамдар өз ишин жакшы аткара албаган жетекчилердин кызматтан алынуусун улуттук маселеге чейин көтөрүү туура эмес деген ойлорун билдирип жатышат. Жогорку Кеңештин депутаттары да бул маселе боюнча ача пикирде. Маселен, депутат Кадыржан Батыров өз улутташтарынын талабы маанилүү деген ойдо :

- Менин оюмча, ага дагы иштөөгө мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Бул маселе боюнча мага Жалалабаддан да тынчсызданган кишилер кайрылып жатышат. Эгер Мирзакаримов кызматтан алынып калса, элдин нааразылыгы дагы күчөшү мүмкүн. Анткени Кыргызстанда миллиондон ашуун өзбек бар. Ал эми министликтерге өзбек улутунан бир да өкүлдүн талапкерлиги көрсөтүлгөн жок.

Жогорку Кенештин дагы бир депутаты Дооронбек Садырбаев өзбек улуттук борборунун кайрылуусун негизсиз деп эсептейт:

- Алар анчалык эле кысым болуп атат деп адилеттүүлүк каалашса, Жогорку Кеңеш УКК төрагасы Таштемир Айтбаевге да каршы добуш берген, аны эмне үчүн кошо коргобойт?! Бизде кудайга шүгүр, өзбек улутунан 7 депутат, 1 губернатор иштеп атат. Министрлерден кийинки департаменттерде да өзбек туугандардан кызматкерлер жетекчилик кылып жатышат. Ошол эле учурда 300 000 ден ашуун кыргыздар жашаган Өзбекстанда бир да кыргыз депутат жок. Ошондуктан, биз улуттук азчылыкпыз, биздин укугубуз тебеленип атат деп жок жерден от чыгара бербесин. Мамлекеттик кызматтарга көтөрбөй атат деген дооматтары да суу кечпейт.

Ушундай эле пикирди президенттин алдындагы адам укугун коргоо комитетинин жетекчиси Турсунбек Акун да билдирди. Анын айтымында, ишин жөндөй албаган кызматкердин кызматтан четтетилүүсү улуттук азчылыктын укугун чектөөгө жатпайт:

- Кызматтан улутуна, динине, билимине карабай, эгер жакшы иштей албай, кемчилик кетирсе, алынат. Өзбек туугандардын Мирзакаримовдун кызматтан алынсын деген чечим үчүн гана нааразылык кылып, кайрылуу тарата бергени жакшы жышаан эмес. Биз мындайга эч убакта жол бербешибиз керек.

КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫ ГЛОБАЛДАШТЫРУУ ДООРУНДА

“Жибек жолу” коомдук бирикмеси менен “Сорос-Кыргызстан” кору “Глобалдаштыруу доорундагы Борбор Азиянын маданияты” деген аталыштагы жыйын өткөрдү. Анда мамлекетибиздеги маданияттын учурдагы абалы, көйгөйлөрү, улуттук маданиятты сактап калуу маселелери козголду.

Көркөм өнөрдүн, маданияттын цивилизациядагы орду, анын ичинде Батыш маданиятынын Борбор Азия маданиятына тийгизген таасири, глобалдаштыруу доорунда улуттук маданияттын келечеги, кылымдардан бери келаткан үрп-адат, каада-салт, фольклордук чыгармаларды, руханий байлыктарды сактап калуу, аны өнүктүрүү жаатындагы маселелер талкууланган жыйын Бишкекте өтүп жаткандан кийин негизги тема кыргыз элинин маданиятынын айланасында болду. Ошондой эле Кыргызстанда улуттук маданият , көркөм өнөр мамлекет тарбынан колдоого алынбай, руханий идеологиялык иштер масштабдуу жүргүзүлбөй жаткандыгы сынга алынды.

Жыйындын катышуучусу белгилүү киносценарист Талип Ибрагимов буларга токтолду:

- Биз кыйынбыз дебей, биринчиден элди иштегенге, мыйзамды сыйлаганга үйрөтүшүбүз керек. Идеологиянын негизги стратегиясы ушундай болуш керек.

Ал ошондой эле улуттук маданият деп, фольклор менен чектелип калсак ааламдагы өнүгүүдөн арта калабыз деген пикирде:

- Биздин маданият дүйнөнүн бийик маданиятына үзөнгүлөш болсо анчейин деле кыйынчылык болбойт. Бирок биз акыркы мезгилде теңирчиликке басым жасап, өздүк көркөм чыгармачылыкка, айтыштарга көп маани бере берсек, ал менимче туура болбойт. Анткени улуттук каада салт, фольклор деп эле өздүк көркөм чыгармачылыкка баш оту менен кирип кетип, бийик деңгээлдеги көркөм чыгармаларга маани берилбей калса ошондо глобализация коркунучу болот.

Жыйында кыргыз киночулары “Кыргызфильм” киностудиясы тарабынан тартылган жүздөгөн кино жана хроникалдуу-даректүү тасмалар мамлекеттин 80 жылдык жандуу тарыхын чагылдырып, улуттук дөөлөттү сактоонун жандуу үлгүсү катары кызмат кылуунун ордуна, коомчулукка көрсөтүлбөй архив, киносактоочу көмүскө жайларда сакталып тургандыгын айтышып, караламан калк арасына улуттук маданиятты жайылтуу унутулуп бараткандыгна токтолушту. Ошондой эле искусство адамдары кыргыздын сүрөт, музыка, театр, опера жана балет өнөрү учурдагы дүйнөлүк маданияттан артта калып, учурда элдин талабына жооп бербей жаткандыгын белгилешти.

Белгилүү режиссер Нурлан Абдыкадыров улуттук маданиятты көтөрүү үчүн мамлекеттик программа сөз жүзүндө эмес иш жүзүндө турмушка ашырылышы керектигин белгиледи:

- Эгерде бизде мыкты культурологдор болуп, Батыш маданияты эмне экенин, анын учурдагы абалы жана келечеги кандай болот деп, терең изилдеп коомчулукка, маданият жаатына түшүндүрүшсө жакшы болот эле. Анан биз экөөнү салыштырып андан жыйынтык чыгарып, улуттук маданияттын өнүгүүсүнө майнаптуу иш алып барган болот элек. Мына кошуна Казакстанда атайын маданият институту иштеп, казак маданиятын Батыш жана башка маданиятка аралашып жок болуп кетпөөсү үчүн алгылыктуу иштерди алып барышууда. Ал эми бизде прфессионалдуу театр өнөрүн таануучу, музыка изилдөөчү, көркөм өнөр сынчылары, маданият тармагындагы илимий кызматкерлер жок. Жалаң “полупрофессионалдуу” адистер. Анан маданиятты өнүктүрүү багытында мамлекет атайын программа иштеп чыгып, акча каражатын бөлүп, атайын маданият институтун ачып, натыйжалуу иш алып барбаса, биз канчалык “кыйкырганыбыз” менен эч бир майнап чыкпайт.

Аталган жыйынга катышуучулардын айрымдары конференциянын уюштуруу иштеринде кемчиликтер көп болгондугун, жыйын азганактай бир ууч топ үчүн өткөрүлүп, республика эмес Бишкектеги көркөм өнөр адамдары, маданият кызматкерлери, студенттер чакыртылбай, коомчулук кабарсыз калгандыгына нааразы болушту.

СПОРТ КӨҢҮЛ СЫРТЫНДА КАЛДЫ

Кабыл Макешoв, Бишкек 30-сентябрь - дене тарбия, спорт күнү болгону менен Кыргызстанда майрамдык маанай билинбеди. Чынында дүйнө жүзүнө Кыргызстанды спортчулар таанытып жүргөнү менен алардын кесиптик майрамы өкмөттүк деңгээлде өткөрүлгөн жок. Кыргызстанда дене тарбия, спортту өнүктүрүү боюнча бир катар программа, мыйзам кабыл алынганы менен бул тармакка жетиштүү көңүл бурулбай келет.

Өлкө эгемендүүлүк алганы кесиптик багытына жараша майрам, күндөр расмий белгиленип жүрөт. Маселен, 27- сентябрь – Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү катары белгиленсе, 30 сентябрь - дене тарбия жана спорт күнү катары белгилүү. Бул майрам 5 жылдан бери спорт коомчулугунда расмий белгиленип келген менен өкмөттүк деңгээлде маани берилбей жүрөт.

Кыргызстандын аймагында бул кесиптик майрамга маани берилбей жатканы, улуттун ден соолугуна, жаштарга көңүл бурулбай калганын, спорт, туризм комитети жоюлуп, маанай чөгүп турганын өлкөнүн волейбол федерациясынын катчысы Мухит Кайбылдаев белгиледи:

- Спортту, дене тарбиясын өнүктүрүүгө, бул тармакты колдоого алуу, улут ден соолугун, генофондун жакшыртууга, сергелең жашоо ыңгайын жайылтууга көңул бурулса дурус болмок. Дүйнө жүзүнө Кыргызстанды тааныткан спортчулар үчүн ушул майрамдын мааниси зор. Бирок республикалык денгээлде өткөрүлбөй, спортчуларга кайдыгер мамиле уланып, бул майрамдын маңызы туура жетпей жатканы өкүндүрөт.

30-сентябрда Бишкектеги бардык спорт мектептеринде мелдештер өткөрүлүп, бардык каалоочуларга эшик ачык болгонун, 1-октябрда дагы майрамдык жеңил атлетикалык жарыштар болоорун Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Бообек Кадыркулов айтып, өлкөнүн спорт жетекчилери бул саамалыктарды колдоого албай жатканын билдирди.

Быйыл өлкөнүн туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин демилгеси менен 30-сентябрда эч кандай майрамдык салтанат, мелдештер өткөрүлбөгөнүн спорт адисттери таарыныч катары айтышты. Совет доорундагы жүздөгөн спорт мектептери жоюлуп, спорт коомдору иштебей калганын, Москва олимпиадасынан кийин кыргыз спортунун деңгээли төмөндөп кеткенин 78 жаштагы спорт ардагери Зарлык Аманкулов айтып, спорт майрамынын маанисин жогорулатуунун зарылдыгын белгиледи:

- Совет доорунда калыптанып калган спорт мектептери жоюлуп, кыргыз спортунун тамыры кыркылды. Учурда 5-6 спорт мектеби эле калды. Качан болсо учурдагы жетекчилер акча жок дегенден башканы, изденип иштөөнү билишпейт. Мындай саамалыктар ар жыл сайын өлкө аймагында өкмөттүк деңгээлде өткөрүлсө спорт мектептери, жамааттары атаандашып иштөөсүнө өбөлгө болмок. Сандан сапатка өтүп, Кыргызстанды дүйнөгө таантыкан спортчулар өсүп-өнүп чыгышына өбөлгө болмок, чеберчиликтин деңгээли жакшырып, жогорулайт эле.

Өлкөнүн жаңы өкмөтүнүн структурасына мурдакы туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитет кирбей калганына кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, өлкөнүн самбо федерациясынын президенти Руслан Искенов төмөнкүдөй пикирин билдирди:

- Учурда баары саясатташып кетип, бизди унутуп деле калышты. Бизди мамлекеттик комитеттен статусу төмөн агенттикке айлантып коюшту. Дүйнөлүк деңгээлде спортту өзүнчө министрлик боюнча калтырса, кыргыз спортунун өсүп- өнүгүшүнө өбөлгө болмок.

учурда кыргызстандык балбандар Будапеште өтүп жаткан дүйнөлүк таймашууга катышууда. Мында эркин күрөштөн кыргызстандык Алексей Крупняков коло байгенин ээси болду. Учурда грек-рим күрөшү боюнча күч сынашуулар улантылып жатат.

Чынында Кыргызстанды дүйнөлүк аренага таанытуучу жаштар арбын, аларга шарт түзүп, камкордукка алуу гана керек дешет, спорт адистери.

БЕКНАЗАРОВ ПРЕЗИДЕНТТИ ТЕЛЕ ЭРӨӨЛГӨ ЧАКЫРДЫ

29-сентябрда мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров өлкө президенти Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоду. Анда президент аны баш прокурордуктан алгандан бери коомчулукта ар кыл пикирлер айтылып жатканы, мамлекеттик телекөрсөтүүдөн расмий бийлик бир тараптуу гана маалыматтарды берип жатканы белгиленген. Мурдагы баш прокурор эгер эки тараптуу маалымат берилсе эл өзү туура жыйынтык чыгарып алаарын айтып, президентти жан-жөкөрлөрү менен телекөрсөтүү аркылуу түз обого чыгууга чакырган.

Кайрылууда Азимбек Бекназаров аталган кызматтан алынгандан бери Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан элдер “эгер эки тараптуу маалымат болсо, биз өзүбүз туура жыйынтык чыгарып алат элек” деп кайрылып жатканын белгилейт. “Ошого байланыштуу мен сизди жан-жөкөрлөрүңүз менен телевидениеге эфирге чакырамын. Түз эфирден менин кызматтан четтетүүгө сиздин канчалык мыйзамдуу негиздериниз бар экенин менин көзүмчө далилдеп берсеңиз. Мен да эл алдында кызматтан кетүүмдүн чыныгы негиздери эмнеде экенин далилдөөгө аракеттенемин. Ошентип менин кызматтан кетишиме байланыштуу эл арасындагы кайчы пикирлерге чекит коёлу”, - деп кайрылат, мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров президент Курманбек Бакиевге.

ӨКМӨТ МҮЧӨЛҮГҮНӨ ТАЛАПКЕРЛЕР ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН КОМИТЕТТЕРИНЕН КОЛДОО ТАПТЫ

29-сентябрда президент алты министрлик жана вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлердин жаңы тизмесин берди. Анда өкмөт башчынын орун басарлыгына Адахан Мадумаровдун талапкерлиги сунушталып, ал эми алты министрликке жаңы талапкерлердин ысымдары аталды.

27-сентябрда Жогорку Кеңеште добуш берүүдө тышкы иштер министрлигине сунушталган Роза Отунбаева, өкмөттүн аппарат башчылыгына көрсөтүлгөн Накен Касиев, миграция комитетинин төрагалыгына талапкер Эмилбек Узакбаев, эмгек жана социалдык жактан коргоо министринин милдетин аткаруучу Алевтина Проненко, маданият министрлигине көрсөтүлгөн Токтокан Боромбаева, транспорт жана коммуникация министрлигине сунушталган Ишенбай Кадырбеков жетиштүү добуш алалбай калышкан.

29-сентябрда бул кызматтарга сунушталган жаңы талапкерлердин ысымдары аталды. Ага ылайык, тышкы иштер министрлигине Аликбек Жекшенкулов, маданият министрлигине Султан Раев, транспорт жана коммуникация министрлигине Нурлан Сулайманов, эмгек жана социалдык коргоо министрлигине Евгений Семененко, миграция боюнча комитет төрагалыгына Айгүл Рыскулова, өкмөт аппарат жетекчилигине Турусбек Коёналиев сунушталды. Жаңы талапкерлердин баары 29-сентябрда Жогорку Кеңештин комитеттеринде болуп, депутаттардын суроолоруна жооп берип, талкуусунан өттү. Министрлерликке талапкерлер менен катар вице-премьер-министр-кызматына сунушталып жаткан Адахан Мадумаров да тийиштүү комитеттерде болду. Талкуу алдында журналисттер менен жолугушкан Адахан Мадумаров, эгерде депутаттар колдоп берсе өкмөттө иштөөгө көңүлүм бар экенин билдирди:

- Биринчиден президент парламенттин талкуусуна салып жатат. Жыйынтыгын көрөбүз. Өзүмдүн көңүлүм болсо, ушунчалык иштер башталып калган соң өкмөткө ооп турат.

29-сентябрда парламент кароосуна сунушталгандар арасында биринчи вице-премьер-министрликке талапкер көрсөтүлгөн жок. Президенттин Жогорку Кеңештеги толук ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарынбаевдин билдирүүсүнө караганда, биринчи вице-премьерге талапкердин ысмы кийинки жумада аталат. Эгерде ал Данияр Үсөнов болсо Кыргызстан үчүн зыян болбойт эле дейт Адахан Мадумаров:

- Данияр Үсөнов мыкты ишкер. Инсан катарында анын мүнөзү көпчүлүгүнө жакпашы мүмкүн. Мүнөз кимге эле жага берсин. Кээде өзүңдүн үй-бүлөңө, ата-энеңе да жакпай каласың. Бул болсо мамлекеттин иши. Данияр Токтогулович абдан такшалган, айрыкча базар экономикасын, экономика маселесин мыкты өздөштүргөн жигит. Ошондуктан Данияр Үсөнов биринчи вице-премьер-министр болуп калса, андан жалпы өкмөт, мамлекет утмак.

29-сентябрда парламенттин комитеттери Адахан Мадумаров, Турусбек Коёналиев, Султан Раев, Аликбек Жекшенкулов, Айгүл Рыскулова, Евгений Семененко, Нурлан Сулайманкуловдун талапкерлигин карап, аларды Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алды. Маселен, вице-премьерликке сунушталган Адахан Мадумаров менен өкмөттүн аппарат башчылыгына көрсөтүлгөн Турусбек Коёналиевдин талапкерлигин талкуулаган мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитет төрагасы Камбаралы Конгантиев комитет жыйыны тууралуу буларды билдирди:

- Мадумаров менен Коёналиевдин талапкерлигин карап, алардын талапкерлиги колдоого алынды жана Жогорку Кеңештин кароосуна алынып чыксын деген чечим кабыл алдык.

Депутат Темир Сариевдин пикиринде, жаңыдан сунушталган талапкерлердин айрымдары 30-сентябрда палатада жетиштүү добуш алалбай калышы ыктымал. Депутат Исхак Масалиев да ушундай эле маанайдагы пикирин билдирип, бирок депутаттар чарчагандан баарын өткөрүп салышы ыктымал деген оюн ачыктады. Эми бул маселени Жогорку Кеңеш 30-сентябрда добуш берүү менен чечмекчи.

АКШ ЭЛЧИСИ АЛГАЧКЫ МААЛЫМАТ ЖЫЙЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮГӨ АРНАДЫ

1992-жылдан бери 2 миңден ашык кыргызстандык жаран Америка Кошмо штаттарында билим алып келген. АКШ билим берүү жаатында Кыргызстан менен мындан ары да кызматташтыгын улантууну көздөп жатат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович Бишкекте уюштурган маалымат жыйынында билдирди.

АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Мари Йованович алгачкы маалымат жыйынын билим берүү жаатындагы кызматташтыкка арнады. Башкача айтканда, элчи келерки жыл үчүн окутуу программаларынын багыттарын белгиледи. Белгиленгенге караганда, АКШ жылдагыдай эле узак жана кыска мөөнөттүү курстардан окууну каалаган Кыргызстандыктарга колдоо көрсөтөт. Ага ылайык, АКСЕЛС, АЙРЕКС, Фулврайт, Эдмунд Маски, Рейган-Фессел, Хамфри жана Эл аралык каттам программаларынын алкагында жылдагыдай эле окуучулар, студенттер, окутуучулар, окумуштуулар, адистер Кошмо штаттарда билим алууга, тажрыйба алмашууга мүмкүндүк алышат:

- Бул программалар эки өлкөнүн кызматташтык байланышын орнотуудагы ишмердүүлүгүбүздүн маанилүү компоненттеринин бири болуп саналат.

Расмий маалыматтар боюнча, 1992-жылдан бери АКШ аймагында 2,5 миң чамалаш кыргызстандык жаран окуду. Билим берүү министрлигинин эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы Улан Усековдун билдиргенине караганда, бул программалар билим берүү министрлиги менен болгон макулдашуунун чегинде ишке ашат жана конкурстан жеңген адамдын толугу менен каржыланышы америкалык программалардын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп саналат:

- Маселен, биз жарандарыбызды Орусияга, Түркияга, Кытайга, Германияга, Польшага, Чехияга жөнөтүп турабыз. Булардын бардыгы билим берүү министрлиги жана «21-кылымдын кадрлары» аттуу президенттик программа аркылуу ишке ашат. Өзгөчөлүү жагы бул жерде каржылоо толугу менен АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан ишке ашат. Программага катышкан жаран эч кандай чыгым тартпайт.

Элчи Йованович билимин өркүндөтүүгө барган жарандар Кыргызстанды таанытуу аркылуу эки элдин ортосунда кызматташтык мамилени өнүктүрүүгө өз салымын кошуп жатышат деп эсептейт:

- Америкада кимдир бирөөлөр кыргыздар үчүн ислам кандай экенин билет, кээ бири көкбөрү деген эмне экенин биринчи жолу билет, эң башкысы – алар элдик дипломатияга катышып жатышат. Бул бизди кубандырат.

Элчи АКШ каржылап жаткан учурдагы программалардын келечегине ишенет, бирок программалардын санын көбөйтүүгө анчалык зарылчылык жок деп эсептейт. Анткен менен кыргызстандыктарды окутуу жаатында Түркия менен Орусия АКШдан алдыда турат. Маселен, расмий маалыматтар боюнча, кыска мөөнөттүү окууларды, аспирантураларды эске албаганда, Түркия толук жогорку билим берүүгө Кыргызстанга жылына 150, Орусия 100 орун берип келатат. Калган өлкөлөр толук жогорку билим берүү үчүн жылына бештен, ондон орун берип турушат.

КЫЛЫЧЫН АЛЫП, КЫШ КЕЛАТАТ...

Ысыккөл, Нарын облустарында кышка даярдык начар жүргүзүлүүдө, Каракечеден ташылып келинген көмүрдүн баасы кымбаттоодо, деп билдиришти Ысыккөл, Кочкор районунун өкүлдөрү 29-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында. Ал эми Нарын облусунун расмий бийлиги учурда кышка даярдык былтыркыга салыштырмалуу уюшкандыкта жүргүзүлүп жатканын айтышууда.

Балыкчы шаарындагы көмүр сактоочу жайда Казакстандын таш көмүрлөрү бар, бирок анын баасы былтыркыдан кымбаттап, карапайым калкка оорчулук келтирүүдө, деп билдирди Ысыккөл райоунун тургуну Досубек Касымалиев.

- Мен бүгүн эртең менен Балыкчы шаарындагы көмүр сактоочу жайга бардым. Ал жерде “Шубаркүл” деген көмүрдү Казакстандык фирма сатат экен. Бир тонна көмүрдүн баасы 1350 сомдон накталай акчага кампадан сатылып жатат. Мисалы, айылдык адам 5 тонна көмүрдү кампадан 1350 сомдон Балыкчыдан жүктөсө, үйүнө жеткириш үчүн дагы беш миң сом төлөйт. Мындай баада көмүрдү сатып алуу ар бир үй-бүлөнүн эле колунан келе бербейт.

Ал эми Нарын облусундагы учурдагы абалды Сабырбек Исмаилов мындайча түшүндүрдү.

- Каракечедеги көмүр кенин Нурлан Мотуев баштаган топтун басып алышы жалпы Нарын облусунун элине кыйынчылык келтирүүдө. Көмүр сактоочу жайларда көмүр аз, болсо дагы баасы былтыркыдан кымбат. Эл кыйналып атат. Өкмөт чечкиндүү чара көрүш керек да.

Нарын облусунун губернаторунун орун басары Калнур Ормушев болсо, облуста кышка даярдык уюшкандыкта жүргүзүлүп, бюджеттик мекемелерге план боюнча көмүр жеткирилип жатканын, былтыркы түзүлгөн келишимдин негизинде Каракечеден көмүр ташылып, анын баасы жогорулабаганын билдирди. Анын айтымында, учурда облус боюнча мекеме-ишканалардын 48 пайызы таш көмүр менен камсыз болгон, өкмөттүн токтомуна ылайык, 1-ноябрга чейин бардыгы 75 пайызга камсыз болушу керек. Ал ошондой эле өкмөттөн бөлүнгөн акча облустун казынасына түшпөгөндүктөн, иштин жүрүшүн солгундатып жатканын белгиледи.

Нарын облусунун Кочкор районун тургуну Нурбек Темирканов облус бийлик өкүлүнүн айткандарына каршы пикирде:

- Акыркы убакта администрация тарабынан эч кандай жардам көрсөтүлгөн жок. Нурлан Мотуев тарабынан ар бир мектепке 5 тонна, айрымдарына 20 тонна жиберилиптир. Негизинен мектептерге 30-50 тоннага чейин көмүр жагылат. Элестетип көрүңүздөр, суук бөлмөлөрдө биздин балдар кантип окушат? Нарында кыш 5 айга, Кочкордо төрт айга созулат. Балабакчаларда деле ушундай көрүнүш. Кочкордо аз сандагы көп кабат үй бар, аларга алиге чейин көмүр жеткириле элек. Райондук ооруканага бир машине көмүр жиберишиптир.

Кышка даярдыктын жүрүшүнө кабатырланган Кочкор районундагы «Жаш күрөш» жаштар уюумунун төрагасы Нурлан Исраилов райондо Каракеченин көмүрүнүн баасы 1 миң 300 сомго жеткенин, өндүрүштү жөнгө сала албаган жаңы бийликке эл нааразы болуп жатканын маалымдап, жаштар жогорку бийликке кат жолдошконун билдирди.

- Кочкор районундагы «Жаш күрөш» уюумунун мүчөлөрү жыйын өткөрүп, токтом кабыл алдык жана президент Курманбек Бакиевге, премьер-министр Феликс Куловго, спикер Өмүрбек Текебаевге кайрылуу жолдодук. Анда бийлик өкүлдөрүнөн айыл турмушуна көңүл бурууну, таш көмүрдүн баасын арзандатууну талап кылдык. Болбосо, элет жериндеги жаштардын турмуш-шарты абдан эле начар. Айрымдары 3-4 балалуу. Отун-суулары али күнчө даяр эмес. Саталык десе малы жок. Иштейли дешсе иш жок. Эптеп жайды-жайлата эмгектенип тапкан буудайларыбызды сатып, көмүр алалык десе ачка отуруп калышат. Буудайдын да базар баасы арзан.

-Ысыккөл жана Нарын облусунун тургундарынын атынан келишкен жогорудагы атуулдар эгерде мамлекет тарабынан алардын койгон талабы аткарылбаса ноябрь айынын ортосунда Каракече - Кочкор жолун тосушаарын билдиришти.

РОЗА ОТУНБАЕВА ОППОЗИЦИЯГА ӨТӨТ

27-сентябрда Жогорку Кеңеште добуш берүүдө алты министрликке талапкерлер жетиштүү добуш албай калышты. Алардын катарында март ыңкылабынын лидерлеринин бири Роза Отунбаева да бар. Ал эми президент бул орундарга жаңы талапкерлерди көрсөтүүгө камданууда.

Кезинде мурунку президент Аскар Акаев тарабынан оппозициянын “локомотиви” аталган Роза Отунбаева, эски парламентте ачык оппозиционерлердин бири болуп келген Алевтина Проненко министрлик кызматка дайындалууга парламенттен макулдук ала албай калды. Отунбаева добуш берүүнүн жыйынтыгынын мындай болушуна Акаевчыл “Алга, Кыргызстан!” партиясынын мүчөлөрүнүн каршылыгы жана Акүй тараптан болгон терс ишаара таасир этти деген пикирде:

- Журт билсин, биздин парламентте “Алга, Кыргызстандын” күчтөрү ошол эле башкаруу чордонунан башкарылып жатат. Алардын ою баштан эле белгилүү болчу, булар мендей адамды эч өткөрбөйбүз деп өздөрүнө убада беришкен. Алардын парламенттеги саны 25тей бар. Ал эми калганын болсо Акүйдүн буйругу менен иштеп коюшту.

Роза Отунбаева мындан аркы саясий ишмердүүлүгүн ачык жүргүзүп, оппозицияда болоорун билдирди.

Өкмөттүн аппарат жетекчилигине сунушталган Накен Касиев добуш берүүнүн жыйынтыгына эки топтун, мүмкүн парламенттик шайлоодогу атаандашынын таасири тийди деген пикирде. Ал эми маданият министрлигине сунушталып, бирок жетиштүү добуш алалбаган Токтокан Боромбаева өтпөй калганынын себеби мындайча түшүндүрдү:

- Фракцияларда мен болгонмун. Ал жерде биздин талапкерликти карашкан. Ошондо мага ачык эле айтышты, искусство тармагында иштеген адамдар келип, суранып жатышат, ушул эжекени кулатып берсеңер, анын ордуна биздин талапкер келет деп. Ошондуктан биз аларга убада берип жатабыз, деп айтышты.

Министрликке сунушталган үч аялдын тең парламент элегинен өтпөй калуусун Боромбаева мындай баалады:

- Аялдардын маселесин козгоп, укугун коргогон бир да киши, бир да депутат жок. Мурда биз алты депутат болсок да, убагында сөзүбүздү айтып турчубуз. Экинчиден, президенттин гендердик саясат боюнча өкүлү дайындалганына карабай, ал киши да катышкан жок, сөзүн да айткан жок. Ошондуктан аялдар үчүн сөз айткан киши болгон жок.

Үч талапкер аялды парламент ишеним көрсөтпөй койгонуна онго чукул өкмөттүк эмсе уюмдар кескин нааразылык билдирип чыкты. Аялдардын бир катар уюмдары нааразылык билдирүүдө. Ал эми президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев алты министрлик орунга талапкерлер жакын арада көрсөтүлөөрүн билдирди.

АКСЫДАГЫ МИТИНГГЕ ҮСӨН СЫДЫКОВ КАТЫШТЫ

Ырысбай Абдыраимов, Кербен 28-сентябрда Жалалабат облусунун Аксы районунда митинг болуп өттү. Митингдин катышуучулары Азимбек Бекназаровдун башкы прокурорлук кызматтан алынышына, ага коррупция менен күрөшүүгө мүмкүндүк берилбегендигине, өлкөдө өзгөрүүлөр болбой жаткандыгына жана президент Курманбек Бакиевдин ордуна президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыковдун келүүсүнө нааразы болушту. Кадрдык саясатта кемчиликтер белгиленүү менен митингде Кыргызстан калкына жана эркин маалымат каражаттарына кайрылуу кабыл алынды. Азимбек Бекназаровду башкы прокурорлук кызматка кайра дайындоону, эгер ал талап аткарылбаса, президент Курманбек Бакиевдин өзүн кызматтан кетүүсүн жана түрдүү акциялар башталарын эскерткен талаптар коюлду.

Митингде президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыков бийликти алмаштырууда Аксы эли менен экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун салымы чоң болгонуна токтолду. Контрреволюциячыл күчтөр бийлик арасына жарака салууга түрдүү аракеттерди жасап жаткандыгын жана Азимбек Бекназаров менен президент Курманбек Бакиев бири-бирин түшүнүшкөндүгүн белгиледи:

- Өткөн бийликке болгон мамилесин, ал бийликтин кетирген кемчилигин элге жеткирүүдө Аксы элинин салымы чоң. Керек болсо сага акча да, дүйнө да, бийлик да беребиз, сен башында туруп бер деген сөздөр бар. Бул бир эле Бекназаров эмес, Сыдыков, башка биздин балдар үчүн да айтылып атат.

Сөз алгандар президенттин келбегендигине жана Азимбек Бекназаровдун баштаган ишин бүтүртпөй, кызматтан бошоткондугуна нааразы болушту. Анын кызматтан четтетилишин Айдар Акаевдин депутаттык кол тийбистигин алуу иши менен байланыштырышты:

- Бекназаров өзү баштаган иштерди аягына чыгарышы керек, анан кийин ал өзү деле кетет.

Манас аттуу карыя бийлик элдин талабын аткарбаса, Аксы окуясы уланарын эскертти:

- Президент, силер ойлонуп, ушул ишти нугуна келтирип, элдин талабын аткарбасаңар Аксы окуясынын экинчи сериясы сөзсүз башталат.

Абдимитал Момунов Азимбек Бекназаров менен Курманбек Бакиевдин теле дебатка чыгуусун сунуштап, эмки төңкөрүшкө аксылыктар кызыл роза жабууну байланып эмес, ак түс менен чыгышаарын жар салды:

- Силер Аксынын элине келип отчет бергениңер жетпейт, бүткүл Кыргызстандын астына чыккыла. Эгер Азимбек күнөөлүү болсо биз эч качан тике турбайбыз. Бул жердеги 2 миң адам менен эч нерсе чечилбейт. Телеге чыккыла, эгер телеге, радиого чыкпасаңар, элден суранамын ак жоолук, ак тасма байланып ак революцияга чыгабыз.

Спорт жана туризм, жаштар саясаты боюнча комитеттин төрагасы Бектур Асановдун сөзүнө караганда, бийликте эски күчтөрдүн таасири күчтүү болууда жана күрөш али алдыда:

- Азимбек Бекназаровдун ишинен кетиши бирден-бир таасирдин күчтүүлүгүнөн болду. Биздин таасирибиз бара-бара начарлап атат. Азимбек кеткенден кийин кечээ парламент аркылуу Ишенбай Кадырбеков, Роза Отунбаева, Алевтина Проненко, 2000-жылдан бери биз менен бирге жүргөн, биздин командадагы негизги кишилер парламенттен өтпөй калды.

Азимбек Бекназаров элди өзүн кайра башкы прокурорлук кызматка барууга таасир этпөөгө чакыруу менен элдин мүлкүн коргогону үчүн кызматтан кеткендигин түшүндүрдү:

- Алты айдан бери Акаевдин убагындагы менчиктерин, Акаев ээлеп келген байлыкты бүгүн булар ээлеп алганга мен тушап, жол берген жокмун. Элдин уурдалган байлыктарын кайра элге алып келиш керек. Президент Бакиев эл шайлаган президент, анын Конституция боюнча укугу бар мени бошотконго, ошондуктан анын кандай шылтоо менен бошоткону анын абийрине калсын. Аны тарых, мезгил өзү далилдейт. Бирок анын бошоткон указы бүгүн мыйзамдуу. Ошондуктан мени кыйнабагыла, башка теппегиле. Мен барып мыйзам, орун, бийлик талашкандай болуп, силерди уюштургандай, аксылыктарды көтөргөндөй абалда калбайын, урматтуу туугандар!

Азимбек Бекназаров ошондой эле бийлик менен жаңыдан түптөлөр өкмөткө март айына чейин мүмкүндүк берүүнү сунуш кылып, элди сабырдуулукка чакырды.

Ал жана башкалар Кыргыз телекөрсөтүүсүн мырдагы калыбында иштеп жаткандыгын айтышты. Митинг соңунда Кыргызстан калкы менен эркин маалымат каражаттарына кайрылуу кабыл алынып, анда Азимбек Бекназаровду кайра кызматка коюу, андай болбосо президент Курманбек Бакиевдин кызматтан кетүүсү, саясий акцияларды баштоо, өлкө башчысынын Аксыга келүүсү менен Карасуу шаарындагы окуялар боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын жоопко тартуу талаптары коюлду.

Кайрылууну Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин түштүк аймагындагы координатору Кубанычбек Маматкеримов окуп берди:

- Төмөндөгүлөрдү талап кылабыз: Биринчи, Бекназаровдун Кыргыз Республикасынын баш прокурорлук кызмат абалын калыбына келтирүүнү. Эгер бул талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиевдин иштен кетүүсүн талап кылабыз. Үчүнчүсү, эгер бул талаптар аткарылбаса биз ар кандай мыйзамдуу жана радикалдуу акцияларга чыгабыз.

Уюштуруучулардын маалыматында митингге 7 миң, байкоочулардын баамында 2 миң адам катышты.

ТОПЧУБЕК ТУРГУНАЛИЕВ: “ПАРЛАМЕНТ ТАРАТЫЛУУГА ТИЙИШ”

«Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев кабарчыбыз Азиза Турдуеванын Азимбек Бекназаровдун баш прокурордук кызматтан бошотулушу, жаңы бийликтин иш-аракеттери, парламентти таратуу жана башка маселелерге байланыштуу суроолоруна жооп берди.

БИЙЛИККЕ СЫН АЙТКАНДАРДЫ КЫСМАКТОО БАШТАЛДЫБЫ?

Акыркы убакта кыргыз коомчулугунда жаңы бийлик укук коргоочуларды жана айрым бийликке каяша айткан адамдарды куугунтуктай баштады деген пикирлер айтыла баштады. Буга укук коргоочу Азиза Абдурасулованын жубайынын белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалышы жана 27-сентябрь күнү интернет айдыңы аркылуу тараган «Gazeta.kg» электрондук гезитинин башкы редактору Улан Мелисбектин кайрылуусу негиз болууда.

«Gazeta.kg» электрондук гезитинин башкы редактору, учурда АКШ да баш калкалоодо жүргөн Улан Мелисбек 27-сентябрь күнү АКШ президентине, Орусиянын, Казакстандын мамлекет башчыларына, АКШ элчилерине жана Кыргызстандын жетекчилерине атайын кайрылуу менен кайрылган. Анда редактор акыркы убактарда өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаалдан улам, өзүнүн Кыргызстанда жашап жаткан үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн тынчсызданып жаткандыгын билдирип, аларды убактылуу коңшу мамлекеттин аймагына чыгарып кетүүгө аргасыз болгондугун жазган. Кайрылууда жазылгандай, Улан Мелисбектин үй-бүлөсүнө коркунуч болору тууралуу анын өзүнө эскертүү берилген. Улан мырза буга бардык окуяларды азыркы бийликке оппозициялык маанайда чагылдырып жаткан электрондук гезити себеп болууда, деген оюн билдирген.

“Gazeta.kg” электрондук баракчасынын башкы редакторунун бул кайрылуусу кыргыз коомчулугунда түрдүү пикирлерди жаратууда. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова бул кайрылууга кошулаарын жана Улан Мелисбектин үй-бүлөсүнүн айланасында түзүлгөн кооптуу маселени чечүү тууралуу эл аралык уюмдарга кайрылып жаткышкандыгын билдирди:

- Интернеттеги маалымат каражаттарынын ичинен эң эле курч жазган, мурунку жана азыркы бийликтин терс жактарын, кемчилигин ачык бетке айтып, сындап келген “Gazeta.kg” электрондук баракчасынын редакторунун мындай абалга калышы, башкача айтканда, анын үй-бүлөсүнө коркунуч туулуп жаткандыгы бизди да тынчсыздандырууда. Ошондуктан биз дагы Улан Мелисбектин үй-бүлөсүнүн айланасында түзүлгөн маселени чечип берүүсүн өтүнүп, эл аралык уюмдарга кайрылып жатабыз.

«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова 26-сентябрь күнү укук коргоочу катарында өзүнө түздөн-түз коркунуч туулуп жаткандыгын, эскертүү иретинде берилген соккуга эң мурун анын жакындары туш болушкандыгын билдирип, бирок бул жерде жаңы бийликти күнөөлөбөй тургандыгын айтты. Анын айтымында мындай чагым иштерин башка бир күчтөр же бийликтен кеткен адамдар атайын жасоосу мүмкүн:

- Мындан бир жума мурда, мен түштүктө жүргөн убакта белгисиз бир адамдар таңкы саат жетилерде менин үйүмө келип, жолдошумду чакырып чыгып, эсин оодара урушкан. Анан бейтааныш бир үйгө алып барып, Азиза Абдурасулованын колундагы темир жолчуларга байланыштуу бардык документтерди таап бересиң деп талап кылышкан. Ошондой эле алар жолдошумдан «аялым темир жолчулардан 20 миң доллар алып, үйгө апкелген» деген тил кат жазып берүүнү талап кылышкан. Андан кийин аны уруп-сабап, «Баят» базары тараптагы бир бактын ичине апкелип таштап кетишкен. Мен муну түздөн-түз өзүмө жасалган куугунтук деп санайм. Бирок муну азыркы бийлик жасап жатат деген ойдон алысмын. Анткени биз Акаевдин режимин кулатуу үчүн күрөшүп, азыркы бийликти апкелгенбиз. Мен жаңы бийликке эч кандай жамандык кылган эмесмин. Менин оюмча, мындай чагым иштерди башка бир күчтөр, бийликтен кеткен адамдар жасап жатышы мүмкүн.

Ал эми «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов жаңы бийлик тарабынан же бир үчүнчү күчтөр тарабынан куугунтук башталды деген кыйкырык куру жалаа деген оюн билдирди:

- Биз азыр ушундай жок чагымдардан, курулай бирөөлөрдү күнөөлөөдөн, жок жерден эле бөйрөктөн шыйрак чыгара бергенден алыс болсок. Өзгөчө укук коргоочулар менен журналисттер. Муну менен биз ансыз да кооптонуп турган миллиондогон элибиздин коркунучун күчөтүп жатканыбызды түшүнсөк.

Президенттин алдындагы адам укугун коргоо комитетинин жетекчиси Турсунбек Акун бийлик тарабынан эч кимге куугунтук болбогондугун айтып, аталган электрондук гезиттин редакторунун кайрылуусун куру кыйкырык деп баалады:

- Эгер Улан Мелисбекке коркутуп-үркүтүүлөр болсо, жок жерден куру сөз кыла бербей айтсын, кимдер коркутканын, фамилияларын атасын. Азыркы жаңы бийликтин шарапаты менен эле куугунтуктап жатат, коркунуч туулду деп кыйкыргандар көбөйдү. Биз деле 15 жылдан ашык куугунтук көргөнбүз, минтип жар салган эмеспиз.

Өткөн жумада кызматынан алынган Азимбек Бекназаров маалымат жыйынында мурунку жана азыркы коррупционерлер аны жеңгендигин айтып, өзүнүн оппозицияга кетээрин билдирген. «Бекназаровду коргоо» комитети жана «Аксы» коому 28-сентябрдагы президент менен ЖК төрагасына жолдогон кайрылуусунда мурунку башкы прокурордун артынан аңдуу иштерин токтотууну талап кылышкан.

КҮЙҮҮЧҮ МАЙ КЫМБАТТООДО

Акыркы жумада Кыргызстанда мунайзаттын баасы мындан бир ай мурункуга караганда 1-1,5 сомго кымбаттады. Мунай баасынын көтөрүлүүсүн коомчулук жыл сайын күз мезгилиндеги жыйын-теримге байланыштырышууда. Ал эми нефтетрейдерлер дүйнөлүк базарда мунай кымбаттагандыгынан улам, анын илеби Кыргызстанга да келип жеткендигин айтып жатышат.

«Альянс» мунай компаниясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда мунайдын баасы акыркы жумада орточо эсеп менен бир сомго көтөрүлдү. Компания мунайдын баасы келерки жумада дагы кымбаттаарын билдирген. Эксперттердин айтымында, мунайдын баасы бир гана Кыргызстанда көтөрүлгөн жок. Мындай абалга мунай көп чыккан өлкө болгонуна карабастан Орусия да кептелди. Бирок өткөн жумада бийликтин кысымы алдында мунай магнаттары жыл акырына чейин бензинге жана дизелдик күйүүчү майга бааны көтөрбөө тууралуу жалпы бүтүмгө келишкен. Бирок бул Орусиянын өзү үчүн гана. АКШнын мунай өндүрүшүнүн басымдуу бөлүгү жайгашкан аймактарынын табигый кырсыктан жапа чегиши да мунайдын дүйнөлүк баасына таасирин тийгизди.

Кыргызстандагы нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Базарбай Мамбетовдун айтымында канткен менен бизде мунайдын баасы Орусияга жана айрым Борбор Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу арзан:

-Кыргызстанда да күйүүчү май кымбаттады. Бирок Орусия, Казакстан жана Тажикстанда бизге салыштырмалуу 1,5 –2 сомго кымбат болуп жатат. Күйүүчү май жалпы дүйнөлүк базарда кымбат болуп аткандан кийин, биз бааны арзандата албайбыз.

Мындан жарым жыл мурда да Кыргызстанда дизелдик күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп, Бишкек жана Ош шаарларындагы жеке унаа каттамдарынын айдоочулары иш ташташкан. Бирок ал убакта бийликтин кийлигишүүсү менен баа арзандатылып, унаа акысы ошол калыбында калтырылган. Мунай сатуучу ири компаниялардын бири «Мунай мырза» ишканасынын жетекчиси Улан Базаркуловдун айтымында, мындан нефти сатуучу компаниялар гана чыгымга учурады:

-Биз убактылуу дизелдик күйүүчү майдын баасын көтөрбөй туралы деп сүйлөшүп, жалаң чыгашага иштедик. Биздин компания 5 млн. сом чыгым тарттык.

Кыргызстандагы мунай ташып саткан ишкана ээлери салыктын көптүгүнө нааразы. Улан Базаркуловдун сөзү боюнча, күйүүчү майдын кымбат болуусу салыктын түрлөрүнүн жана өлчөмүнүн көптүгүнө да байланыштуу:

- Салыкты азайтуу керек. Азыр НДС көп, 20%. Мындан сырткары жергиликтүү салыктар бар. Ошолорду карап, түрүн жана өлчөмүн азайтуу зарыл.

Ал эми айдоочулар күйүүчү майга баанын дагы жогорулоосунан улам, жалаң чыгашага гана иштеп калышканын айтышат. Шаардагы унаада жол акы мындан 6-7 жыл мурдагы 5 сом бойдон калууда. Айдоочулардын көпчүлүгү унааларды ижарага алып иштетишет. Атын атагысы келбеген айдоочунун сөзү боюнча, эгер күйүүчү май кымбат болуп, жол акы көтөрүлбөсө, шоопурлар дагы иш таштоого барууга аргасыз болушат:

- Эгер жол кире көтөрүлбөсө, унааларды токтотобуз. Мындан элге да, бизге да зыян. Ошондуктан жолакыны көтөрүү керек. Башка жол жок. Май баары бир арзандабайт.

Кыргызстандын өзүндө мунай дээрлик өндүрүлбөйт. Кочкоратадагы мунай өндүрүү ишканасы жылына ашып барса 50 миң тонна мунай өндүрөт. Бул жалпы Кыргызстандын мунайга болгон керектөөсүнүн 10 пайызын да жаба албайт. Эксперттедин айтымында, мунай баасынын өсүшү адатта өлкөдө инфляциянын өсүшүнө алып келет.

РОЗА ОТУНБАЕВА ЖАҢЫ ӨКМӨТТҮН КУРАМЫНА КИРБЕЙ КАЛДЫ

Жогорку Кеңеш 27-сентябрда түштөн кийин өкмөт курамын карап, сунушталган он алты талапкердин онуна макулдук берди. Өтпөй калгандардын катарында тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева, социалдык байланыш министринин милдетин аткаруучу Алевтина Проненко, транспорт министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбеков бар.

13 министрликке, министр деңгээлиндеги премьер-министрдин аппарат башчысына жана эки комитетке сунушталган жетекчилердин мурда парламентке берилген тизмесин өкмөт башчы Феликс Кулов дагы бир ирет жарыя окуп берди жана өкмөттүн сунушталган курамына толук ишенимин билдирди. Мурда макулдашылган тартипке ылайык, депутаттар талапкерлерди талкуулашкан жок. Муну талапкерлердин бардыгынын ишмердүүлүгү тууралуу толук маалыматы бар экендиги менен түшүндүрүштү. Бирок добуш берүү башталар алдында премьер министрге эки депутат суроо берип, эки депутат пикирин айтты. Алардын бири, Конституциялык мыйзам, мыйзамдуулук, сот реформасы комитетинин төрагасы Камбаралы Конгантиев депутаттарды кесипкөй кадрларды, жаштарды тандоого, мурдагы бийликтин өкүлдөрүнүн бийликке келишине жол бербөөгө чакырды:

- Айрым адамдар заматта революциянын баатырлары, байкуш болуп, акаевдик режимдин курмандыгы болгондугун айтышып, бүгүн ар кандай жол менен кайрадан жаңы өкмөттүн курамына киришти эңсеп турушат.

Сөз алган экинчи депутат Муратбек Мукашев да депутаттарды калыстыкка чакырып, бирок премьер министрдин кадрларды өзү тандагандыгы жана алар үчүн жеке жооп берери тууралуу пикири ынандырбагандыгын билдирди. Депутат Мелис Эшимканов жаңы түзүлгөн маданият министрлигине Токтокан Боронбаеваны кайсы негизге таянып сунуштап жаткандыгына кызыкты. Феликс Куловдун ага жообу төмөнкүдөй болду:

- Ал жакшы уюштуруучу. Бул маанилүү шарттардын бири. Социалдык, маданий тармакты дурус билет. Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Бирок Токтокан Боронбаева парламентте болгону 13 добуш алды. Регламент боюнча талапкер колдоо табуу үчүн 38 добуш топтошу шарт. Бул өңүттөн алганда, премьер министрдин аппарат башчылыгына көрсөтүлгөн Накен Касиевге макулдук алууга бир добуш, тышкы иштер министрлигине көрсөтүлгөн Роза Отунбаева менен транспорт министрлигине сунушталган Ишенбай Кадырбеков үчтөн добушту кем алышты. Социалдык коргоо министрине талапкер Алевтина Проненко 21, жаңы уюшулган миграция комитет башчылыгына талапкер Эмил Узакбаев 32 добуш топтоду. Өтпөй калган талапкерлерди президент жана өкмөт башчы парламентке кайра сунуштай алабы-жокпу, бул маселе боюнча юристтер так баасын бере элек.

Ал эми Жогорку Кеңештеги мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Камбараалы Конгантиевдин пикиринде, мыйзамда бул маселе каралган эмес. Бирок президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаевдин оюнда мыйзам тыюу салбайт. Анткен менен, өтпөй калган талапкерлерге коомчулукта ар кыл пикирлер айтылып жатат. Маселен, Акыйкатчынын орун басары Садык Шернияз өзүнүн өкүнүчүн билдирди:

- Бир өкүндүрө турган нерсеси – революциялык топ менен келген кишилер өтпөй калды. Мисалы, Отунбаева, Кадырбеков… Биздин бу кишилер өтөт деген чоң оюбуз бар болчу.

Садык Шернияздан айырмаланып, «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов «оппозициянын локомотиви» аталган Роза Отунбаеванын өтпөй калышы анын ички саясатка аралашуусун шарттайт дейт:

- Роза Исаковнага анча деле кайгырбаш керек. Анткени, бул кишинин лидердик мүмкүнчүлүгүн, ыңкылапка кошкон салымын эске алганда, өлкөнүн тышкы эмес, ички саясатында пайдалануу керек.

Байсаловдун пикиринде, парламент колдогондордун арасына коррупцияга тиешеси бар күтүүсүз адамдар да кирип кетти.

Парламентте добуш берүү жабык өтүп, ага 66 депутат катышты. Жыйынтыгын эсептөө комиссиясынын төрагасы Сооронбай Жээнбеков жарыялады. Сунушталгандардын ичинен саламаттык сактоо министрлигине Шайлообек Ниязов 62 добуш, ички иштер министри Мурат Суталинов 60 добуш, каржы министри Акылбек Жапаров 58 добуш колдоо таап, эң көп упай топтогондордун катарына кирди. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагалыгына сунушталган Турсун Турдумамбетов 38 добуш алып, төмөнкү чек менен колдоо тапты.

Добуш берүүнүн акырында Жогорку Кеңештин төрагасыӨмүрбек Текебаев буларга токтолду:

- Бүгүнкү биз алган чечимдин албетте, саясий мааниси бар. Ошондуктан, биз берген бааны жеке мамиле, жеке адамдык сапатка баа берилди деп түшүнбөсүн деп, мен талапкерлерден суранат элем.

ӨКМӨТ КУРАМЫ: БИЙЛИККЕ КЕЛИП-КЕТИП АТКАНДАР

Кыргыз басылмаларында аркыл пикирлерди, кызуу талаштарды жараткан маселе – жаңы өкмөт курамы, парламент талкуусу. Азимбек Бекназаровдун кызматтан алынышына нааразы болгондордун жыйыны болду. Кыргызстанда дагы бир саясий коркунучтун башы кылтыйып чыга баштады.

Азимбек Бекназаровдун кызматтан алынышына нааразы болгон аксылыктардын жыйыны өткөн аптанын аягында Жаңыжол айылында болуп өттү. Шейшембидеги «МСН» гезитинин кабарлашынча, ага он миңден ашуун адам катышты. Жыйынга катышкандар комиссиянын бүтүмүнө таянып А. Бекназаровду башкы прокурор кызматынан алуу туура эместигин айтышып, март ыңкылабынын башында турган ишмерди кызматтан алуу туура эместигин белгилешти.

А. Бекназаров иштеп турган чагында сот менен прокуратуранын коомдук баркы кыйла көтөрүлдү, коррупцияга каршы күрөш күчөп атканы байма-бай айтылды. Анткен менен чуулгандуу кылмыш иштеринин бир да бирөө аягына чейин чыгарылган жок. А. Бекназаров прокурорго караганда саясатчы-революционер катары көбүрөөк таанылды, деп жазышат гезит авторлору.

Бийликтин уруксаты менен ушундай эле чоң жыйын Бишкекте да өткөнү турат. Кызматка келгендер кетип турат, бирок да бир адамды жалгыз күрөшүүчү катары алдыга чыгарып койбой, коррупцияга каршы чындап күрөшүүнүн ачык системасын сунуш кылуу маанилүү, деп жазышат А. Ким, Ю. Груздов.

Президенттин А. Бекназаровду кызматтан алып коюшу кичине шашылыбыраак болуп калды дейт Медеткан Шеримкулов. Анткени А. Бекназаров элдик баатыр катары таанылып, А. Акаевдин заманы жүрүшүп турганда ага ачык каршы чыккандардын башында турган.

Жаңы өкмөт курамы жөнүндө пикирлер, сунуштар апта башындагы басылмалардын дээрлик баарында чыкты. Парламентке сунушталган министрлердин саны туптуура 13, «анда элдик революциядан кийин милдетин аткаруучулук орунга олтурган революциянын катышуучулары болбосо, калгандары баягы эле бир орундан экинчиге секирик жасап келгендер. Убада берилгендей жаш кадрлардын карааны көрүнбөйт. Көрсөтүлгөн аткаминерлердин жашы эле кырктан ашкан экен. Чет тилин билген Роза Отунбаева, Марат Кайыпов жана немис тилин билген Алевтина Проненко менен Ишенбай Кадырбеков болбосо, калгандары мамлекеттик жана расмий тил менен чектелишет», деп белгилейт шейшембидеги «Кыргыз руху» гезити.

Бажыканалар параканаларга айланып калышканына «Кыргыз туусу» 27-сентябрдагы санында токтолду. «Ташыган товарынын түрүнө карата ар чоң автоунаанын шапкеси 10 миңден 100 миң сомго чейин экен. Ал автоунаалар Кытайдан келе жатканда сөзсүз түрдө дагы 5 миңден 10 миң сомго чейин сол чөнтөккө таштап өтүшөт», деп жазат Аман Шадыбеков.

Депутат Баяман Эркинбаев атылгандан кийин анын атынан жарыяланган аманат кат тууралуу шейшембидеги «Аалам», «Кыргыз туусу», «Эркинтоо», «Слово Кыргызстана» гезиттери пикирлер топтомун жарыя кылышты. «Бул жерде кимдин шалпайган кулагы чыгып турганы билинип эле калды,- деп жазат «Слово Кыргызстана» гезитинде Э. Куваналиев.- Таң атып-атпай шаардык гезит интернет- сайттан алып эки бетине толтура басып отурат».

Шаршембидеги «МСН» гезитиндеги «Туруктуулук дагы коркунучта» деген макаласында Жедигер Сарпашев парламент депутатынын кайгылуу өлүмүнөн кийин аркыл миш-миштердин күнү туулганын, бийлик менен оппозициянын тирешүүсү күчөп баратканын мисалга тартат.

Кыргызстанда жайма базар эчак эле революция күзгүсү болуп калганын шаршембидеги «Республика» гезитинде Алымбек Биялинов жазып чыкты. Журналист Татьяна Попова парламент депутаттары мыйзам боюнча курал алып жүрүүгө укуктуу болушканы, бирок да ал эл өкүлүн жанкечтинин огунан калкалай албастыгына токтолгон. Учурунда ушундай эле мыйзам алып куралданышкан грузин, украин депутаттары ушу тапта кайра куралдарын тапшырышууда, дейт макала автору.

БИРИНЧИ-ВИЦЕ БОЮНЧА ПАРЛАМЕНТ МЕНЕН ӨКМӨТ ТИЛ ТАБЫШПАЙ КАЛДЫ

Жогорку Кеңеш шейшембиде өкмөттүн курамын кароого киришти. Бирок түшкө чейинки отурумунда эч кандай тыянакка келе алган жок. Анткени, президент 1-вице премьер-министрлик орунга байланышкан сунушун кайра кайтарып алды. Парламентке берилген үч талапкердин экөөнүн бул кызматтан өз каалоосу менен баш тартышы президенттин ушундай чечим кабыл алынышына негиз берди.

Президент Курманбек Бакиев өз сунушун кайтарып алышын президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев төмөнкүдөй түшүндүрдү:

- Үч талапкердин экөө баш тартышты. Азыркы иштеп аткан Үсөнов менен Керимкулов баш тарткандыгына байланыштуу президент үчөөнү тең кайра чакырып алуу тууралуу чечим кабыл алды. Алардын ордуна кайра башка бир талапкер киргизилмей болду.

1-вице-премьер-министрликке президент Курманбек Бакиев дүйшөмбү күнү кечинде биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкуловду, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновду жана Жогорку Кеңештин депутаты Жантөрө Сатыбалдиевди сунуштаган. Адегенде эле үч талапкердин сунушталышы парламентте кызыл чеке талашты жаратты. Анткени, президенттин алгачкы сунушунда бир гана талапкер – Данияр Үсөновдун аты аталган болчу. Дагы кошумча эки талапкердин киргизилишин, маселен, төрага Өмүрбек Текебаев кадырэсе көрүнүш катары карап, жумшак рейтинг менен тандап, көп добуш алганын кайрадан добушка коюну сунуштады. Бирок депутат Байболовдун үч талапкердин тагдыры бирдей, жабык добуш берүү аркылуу чечилсин деген сунушу көпчүлүктө колдоо тапты. Депутат кийинчерээк сунушунун жөн жайын мындайча түшүндүрдү:

- Себеби нечен күндөн бери депутаттарды ар кайсы бурчка такап, таяке-жээнинен бери алып келип, илгери көзү өтүп кеткен туугандарынан бери эске салып, иштетип атышпайбы. Бийлик деген бийлик. Ар кандай амалдарга салып атышат. Ошондуктан мен депутаттарга жашыруун добуш берүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлсүн деген сунушту киргиздим.

Байболовдун сунушуна ылайык, кабыл алынган чечимдин негизинде парламент түштөн кийин биринчи вице-премьер-министрликке талапкерлердин бирин жабык добуш менен тандап алмак. Бирок президенттин сунушту кайтарып алышы парламенттин иш багытын өзгөрттү. 1-вицеликке сунушталган депутат Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген «Эл менен!» фракциясы өкмөттүн курамына байланыштуу кеңешер кеби барын билдирип, каттоодон өтүүдөн баш тартты. Айрым депутаттар өкмөт курамын сунуштоодо ырааттуулуктун жоктугун президент менен премьер министрдин пикирдеш болбой жаткандыгы менен байланыштырышты. Депутат Сооронбай Жээнбеков өкмөттү төмөнкүдөй сынга алды:

- Жогорку Кеңеш ар кимдин ойной турган жери болуп калдык азыр. Кааласа андай кылышат, кааласа мындай кылышат. Кааласа берет. Мына мен азыр окуп атам: мурдагыны кайра чакырып алам дегенди. Бул эмне деген эме? Үчөөнү бергенден кийин, кеңешүү болгондон кийин, экөөнү алып койсо бирөөнө токтош керек эле да.

Депутат Алишер Сабиров өкмөттүн курамын кароону бейшембиге жылдырууну сунуштады. Бирок көпчүлүк депутаттар мындай кадам саясий оюндарды күчөтүп жиберет деп эсептешти. Алардын бири депутат Иманалиев отурумга катышып жаткан премьер министр Феликс Куловго кайрылды:

- Урматтуу Феликс Шаршенбаевич, биздин бул өкмөттүн тагдыры көп сериалуу «Санта-Барбарадай» болуп калды. Адегенде 10-майда бекитмекпиз. Анан шайлоо бүткөндөн кийин бекитмекпиз. Регламент боюнча Феликс Шаршенбаевич, сиз 1-сентябрда бекидиңиз. Эки жумада алып келишиңиз керек болчу. Эки жума эмес, азыр 27-сентябрь. Бүгүн кворум болобу-болбойбу? Ар ким багынан көрсүн. Бир саат убакыт берели, фракция сүйлөшсүн. Бир сааттан кийин добуш берүүгө өтөлү.

Ушундай талаш-тартыштан кийин парламент министрлердин талапкердигин кароо чечимине келишти. Ал эми биринчи-вице-премьер-министрдин талапкердигин президент үч-төрт күн аралыгында парламентке сунуштаарын анын парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев билдирди.

АНЖИЯН КООГАСЫ ҮЧҮН КЫРГЫЗСТАНДЫН ҮЧ АТУУЛУ ДА АЙЫПТАЛУУДА

Чолпон Орозобекова, Бишкек Ташкенде Анжиян козголоңуна катышы бар делген адамдардын үстүнөн сот уланууда. Алгачкы сот жараянында айып тагылып жаткан 15 адамдын үчөө кыргызстандык. 26-сентябрдагы сот жараянында кыргызстандык Жахонгир Бурханов Ош облусундагы Тээке деген жерде курал кармаганга үйрөнгөндүгү тууралуу көрсөтмө берди. Ташкендеги бул сот жараяны кыргыз коомчулугунда ар кыл пикирлерди жаратууда.

Ырасмий Ташкен Анжиян козголоңуна катышкан деген айып менен 120дай адамды камакка алган. 21-сентябрда 15 адамдын үстүнөн башталган сот жараянында үч кыргызстандык атуулга да айыптар тагылууда. Араван районунда төрөлгөн Лаачынбек Иманкулов 13-майда кыргыз-өзбек чек арасын кесип өтүп, куралчан топко коушулган жана акимчиликтин имаратын басып алууга катышып, андагы барымтадагы адамдарды өлтүрүүгө катышкан, деп айыпталууда. Ош облусунун туругуну Валимжан Эргашев коркутуу менен көпчүлүк атуулдарды козголоңго катышууга мажбурлаган, акимчиликке чабуул жасаган деп күнөөлөнүп жатат. Ош облусунун дагы бир туругуну Жахангир Бурханов аскердик бөлүккө жана тергөө абагына чабуул жасоого, Чулпан көчөсүндө элге ок атууга катышкан деп айыпталууда.

26-сентябрда болгон сот жараянында Жахангир Бурханов көрсөтмө берип жатып, Кыргызстандын аймагында Тээке деген жерде курал кармаганга үйрөнгөнбүз деп айткан:

- Бизди үчөөбүздү Тээке деген жерге алып барышты. Биз барганда биз билген адамдардан сырткары дагы үч бейтааныш адам бар экен. Биз саламдашып учураштык. Ошол жерден Акром Мамадалиев Мамед деген бир кишини тааныштырды. Көзү көк, сакалчан киши экен. Акрам силерди ушул киши окутат деди. Биз бир бөлмөгө кирдик, анан ал бизди куралды кантип чечип, кайра кантип чогултушту үйрөттү, - деди сот жараянында Жахангир Бурханов.

Муну Өзбекстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Буга чейин да өзбек бийлиги Анжиян козголоңун даярдоодо согушчандар Кыргызстандын аймагында аскердик даярдыктан өтүшкөн деп айыптаганы бар. Бирок муну Кыргызстандын атайын кызматтары жокко чыгарган.

Сот жараянында кыргызстандык атуулдардын минтип көрсөтмө бериши кыргыз коомчулугунда ар кыл пикирлерди жаратты. Ош шаарындагы «Акыйкат жана сот адилеттиги» укук коргоо уюмунун лидери Изатулла Рахматуллаев бул адамдар басым алдында ушундай көрсөтмө берип жатышы ыктымал дейт:

- Мен ошол көрсөтмөлөрдү телевизордон угуп алып, кыжырым келди. Чындыкка такыр коошпогон сөздөрдү айтып атышпайбы. Эми бул тергөө иштери кандай болуп атканы белгилүү да. Алар мындай сөздөрдү басым алдында айла жок айтып атышы ыктымал.

Кыргыз бийлиги буга чейин да Кыргызстандын аймагында эч кандай согушчандар даярдалган эмес деп ырасмий Ташкен койгон айпытарды четке кагып келген. Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков минтип мажбурлап айттырууга Өзбекстанда толук шарт бар дейт:

- Кыйноо деп айта албайм. Бирок минтип айттырганга Өзбекстанда толук шарт бар. Бул сөздөр чындыктан алыс. Эч кандай согушчандар даярдалган эмес биздин аймакта.

Айрым байкоочулар бул атуулдарды эң жогорку жаза күтүп турганын айтышууда. Бирок өзбек бийлиги жакында эле өлүм жазасын жоюуга кадам ташатагандан кийин, демек, өмүр бою темир торго камалышы ыктымал, дешет талдоочулар:

-Анжиян окуясынан кийин эл аралык нормага жакындыгын көрсөтүп, Өзбекстан өлүм жазасынан баш тартпадыбы. Бирок бул балдар 20 жылга, 30 жылга кесилииш ыктымал. Күнөөсүз туруп бир күн камакта отуруш оңой эмес да. Бул сот адилет болот деген ишеним аз болуп атат,- дейт «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова.

Кыргызстандын атуулдук коом өкүлдөрү өзбек бийлигине эл аралык коомчулук аркылуу таасир этүү аракетин жасап көрүшкөн. Бирок алар эми бул окуяларга тарых өзү таасир берет, деген ойлорун айтып жатышат.

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ КООМЧУЛУККА ЭМНЕЛЕРДИ АЙТАТ?

Бакыт Аманбаев, Бишкек Мындан эки күн илгери Азимбек Бекназаров өзүнүн Баш прокурор болуп иштеп турганда жасаган иштери боюнча 28-сентябрда Бишкектеги Алатоо аянтында коомчулукка маалымат берээрин жарыялаган. Бекназаровдун жактоочуларынын пикирине караганда, бул жолу Азимбек Бекназаров коомчулукка соңку мезгилдери жаңы бийлик өкүлдөрү тарабынан кетирилген кемчиликтер, эң ири коррупциялык иштер тууралуу маалымат берет. Ал эми Азимбек Бекназаровду коргоо комитети Бекназаровдун эл менен жолугушуусу башка күнгө жылдырылгандыгын 27-сентябрь күнү кечинде кабарлашты.

Мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров кызматтан алынганга чейин эле өзүнүн аталган кызматка дайындалгандан бери жасаган иштери боюнча коомчулукка маалымат берээрин жарыялаган. Тагыраак айтканда, баш прокурордун маалымат кызматы мындан эки апта илгери эле Азимбек Бекназаров 22-сентябрда Жогорку Кеңешке отчет берүүгө даярданып жаткандыгын кабарлаган. Көп өтпөй Бекназаров кызматтан алынды. Эртеси күнү айрым депутаттар анын отчетун угуу эмес, Бекназаровдун Жогорку Кеңештин имаратына кирүүсүнө тыю салышты. Андан соң Бекназаров мына ошол Жогорку Кеңеште бере турган маалыматын ачык асман алдында, Алатоо аянтында берээрин Кыргызстандын президенти, Жогорку Кеңеш төрагасы жана өкмөт башчысына жолдогон катында кабарлады. Азырынча коомчулукка Азимбек Бекназаров эмне тууралуу айтары белгисиз.

Бекназаров менен бул күнү кабарлашуу аракетибизден жыйынтык чыккан жок. Ал эми курамына «Асаба» партиясы кирген «Кыргызстан коомдук саясий» кыймылынын аткаруу комитетинин төрагасы Алишер Абдымомуновдун пикиринде, Бекназаров бул жолу коомчулукка карапайым элге белгисиз бир топ маалыматтарды айтып берет:

- Жолугушууда Бекназаров бүгүнкү күнгө чейин бүдөмүк болуп жаткан маалыматтарды айтып берет. Тагыраак айтканда, Бекназаров Акаевдин мезгилиндеги эң кирешелүү ишканаларды кимдер ээлеп алгандыгын айтат. Аэропортту, Каттагы цемент-шифер заводун жана башка кирешелүү ишканаларды кимдер ээлеп алгандыгын айтып берет. Менин оюмча, Бекназаров азыркы бийлик өкүлдөрүнө тамак бербей, аш бербей койгондугу үчүн кызматтан алынды. Жолугушууда ал ушулар тууралуу кабарлайт.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Сабиров мурдагы баш прокурор мындай иш чараны өткөрүүгө укуктуу дейт:

- Менин оюмча, ал коомчулукка каалагандай маалымат берүүгө укуктуу. Мен аны колдойм деп айтпайм, бирок анын укугу бар экендигин танууга болбойт.

27-сентябрда Бекназаровдун отуздай жактоочусу Акүйдүн алдында нааразылык акциясын улантышты. Алар президенттик админстрация башчысыҮсөн Сыдыковду кызматтан кетирүүнү жана Бекназаровду кайра баш прокурорлук кызматка даяндоону мамлекет башчысынан талап кылышууда. Мындай нааразылык акциялары Бекназаров кызматтан алынгандан бери эле уланууда. Буга байланыштуу ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталиновго кайрылганыбызда ал мындай иш чараларга карата өз пикирин айтуудан баш тартты.

Ал эми «Азаттыктын» кабарчысынын «28-сентябрда Бекназаровдун маалыматын угууга эл көп чогулуп, ал азыркы бийликке каршы нааразылык акциясына айланып кетпейби?» - деген суроосуна Суталинов мындайча жооп берди:

- Менин оюмча андай болбойт. Анткени Азимбек Анаркулович өмүр бою мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн иштеп келген. Мындан сырткары баш прокурор болуп иштеп турган киши өзү биринчи кезекте мыйзамдуулукту сакташ керек.

Ошондой эле Мурат Суталинов мындай иш чараларга расмий бийлик кандай кароодо жана кандай чараларды көрөт? - деген сурообузга төмөнкүчө жооп узатты:

- Мен аны билбейм. Мен бир нече күндөн бери парламент менен алек болуп жүрөм.

ОШТО БАЯМАН ЭРКИНБАЕВДИ ЭСКЕРҮҮ МИТИНГИ ӨТТҮ

Кубанычбек Жолдошев, Ош 27-сентябрь күнү Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевди эскерүү митинги өттү. Митингге анын туугандары жана жакын санаалаштарынан сырткары Кадамжай районунан шайлоочулары да келип катышышты. Митингдин катышуучулары бийликтен депутаттын белгисиз адамдар тарабынан атылып өлтүрүлүшүнүн бетин ачууну жана коомдук саясий кырдаалды толук көзөмөлгө алууну талап кылышты.

Ош шаарындагы “Ак тилек” ресторанынын алдына чогулушкан маркум депутат Баяман Эркинбаевдин жакын санаалаштарына эртең мененки саат ондор чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунан депутаттын эки жүзгө жакын шайлоочулары келип кошулушту. Белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн депутат Баяман Эркинбаевдин атына багышталып куран окулган соң, анын шайлоочулары президентке, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке төмөндөгүдөй мазмундагы талаптарды коюшту:

- Биз Баяманга ишенип шайладык эле, элдин мүдөөсүн чечет деп. Биздин атыбыздан бийликке элчи кылып жөнөткөн болчубуз. Биздин элчибизди аткан кишилер, бизди аткан катары болот. Ошондуктан биз президенттен, жогорку бийликтегилерден өтө өтүнүп суранабыз, тез аранын ичинде кылмышкерлерди таап, элдин алдында ачык жазалашсын, - деген талаптарын билдиришти маркум Баяман Эркинбаевдин шайлоочулары.

Бир катар жергиликтүү талдоочулар сентябрь айындагы буйрутма адам өлтүрүүгө байланышкан окуяларды кландар ортосундагы өч алышуу өнөкөтү катары баалап келишкен. Бирок бүгүнкү митингдин жүрүшүндө чыгып сүйлөгөн адамдардын көпчүлүгү 5-сентябрь күнү Карасуу базаранын жаңы жетекчиси Абдалим Жунусовдун жана 21-сентябрда Бишкекте Баяман Эркинбаевдин атып өлтүрүлүшүнүн артында тараптарды кайраштырган, кылмыштуу аракеттерди уюштурган жана андан упай топтогон үчүнчү күч турат деген пикирлерин айтышты:

- Эки ай мурун мен Баяман менен сүйлөшкөнүмдө ал Абдалимге болгон оюн толук айтты эле. Экөөбүздү кайраштырган бир эле адам, мен Абдалимге күнөө койбойм деген. Мен ойлойм, экөөнү тең өлтүргөн бир гана киши - деди Нурийла Жангазиева.

Митингдин жүрүшүндө Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты, Алыш эл аралык күрөш федерациясынын президенти, Улуттук олимпиада комитетинин жетекчиси Баяман Эркинбаевдин өмүр таржымалы жана ишмердүүлүгү эскерилди. Баяман Эркинбаевдин коомдогу таасирдүүлүгү атып өлтүрүлгөндөн кийин гана байкалды, дейт депутаттын жакын санаалаштарынын бири Базарбай Сөлпиев:

- Бүгүн, Баяманга куран окутуу күнүндө элден айланса болот. Баямандын санаалаштары, пикирлештери, жакындарынан башка Баткен облусунун өкүлчүлүгү, Кадамжай, Ноокат, Каракулжа, Алай, Араван райондорунун, Ош шаарынын тургундары Баяманга болгон, же Баямандын элге болгон ушунчалык жакындыгынын далили деп эсептейм.

Митинг эскерүүнүн аягында чыгып сүйлөгөн аксакал адамдардын бир катары чогулгандарды коомдук тартипти сактоого, башаламандыктарды уюштурган күчтөрдүн удургутуусуна алдырбоого чакырышты. Митингдин катышуучулары талаптары айтылгандан кийин, эки сааттан соң таркап кетишти. Митинг эскерүүгө жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн эч ким катышкан жок.

ӨКМӨТ КУРАМЫ ПАРЛАМЕНТКЕ БЕРИЛДИ

Жаңы өкмөттүн мүчөлөрүнүн тизмеси 26-сентябрда парламенттин кароосуна берилди. Жогорку Кеңештин комитеттери талапкерлер боюнча талкууну баштады. Ал эми төрага Өмүрбек Текебаев 27-сентябрда министрлерди дайындоого макулдук берүүгө киришүүгө депутаттарды чакырды.

Жогорку Кеңеш өткөн бейшемби күнү Өкмөттүн структурасын бекитип берген. Ага ылайык, өкмөттүн курамы премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министр жана 12 министрлик, эки мамлекеттик комитеттен, премьер-министрдин аппарат башчысынан турат.

Президент Курманбек Бакиев мына ошол орундарга тийиштүү адамдарды бекитип берүүнү өтүнүп, парламентке кайрылды. Тизме боюнча биринчи вице-премьер-министрликке Данияр Үсөнов, вице-премьерликке Адахан Мадумаров, коргоо министрлигине Исмаил Исаков, тышкы иштерге Роза Отунбаева, ички иштер министрлигине Мурат Суталинов, юстиция министрлигине Марат Кайыпов, экономика жана каржы министрлигине Акылбек Жапаров, өнөр жай, соода жана туризм министрлигине Алмаз Атамбаев, транспорт жана коммуникация министрлигине Ишенбай Кадырбеков, өзгөчө кырдаалдар министрлигине Жаныш Рустанбеков, саламаттык сактоого Шайлообек Ниязов, билим берүү министрлигине Досбол Нур уулу, маданият министрлигине Токтокан Боромбаеваны, миграция боюнча комитет төрагалыгына Эмил Узакбаевди, мамлекеттик мүлк комитетинин төрагалыгына Турсун Турдумамбетовду дайындоого макулдук берүү суралган.

Жогорку Кеңештин депутаттары министрликке сунушталган талапкерлер жана жалпы курам боюнча ар кандай пикирде болууда. Депутат Кубатбек Байболов жалпы курам тууралуу мындай пикирин билдирди:

- Негизинен жаман эмес. Бирок мындан да жакшы курам болсо болмок, анткени улуттун уучу кур эмес. Жалпы жонунан анча жаман эмес.

Сунушталган курамдын бекитилиш мүмкүнчүлүгүн Кубатбек Байболов мындай баалады:

- Добуш берүүгө келгенде болжол менен сунушталган талапкерлердин 1/3 өтпөй калышы ыктымал.

Курамдагы кемчилик катары Кубатбек Байболов, көрүнүктүү экономист-теоретиктердин жоктугун атады. Орусиядагы Герман Греф сыяктуу кадрлар бизде жок, бирок андайларды даярдашыбыз керек, деп белгиледи Байболов.

Ал эми Темир Сариев курамды сынга алды:

- Негизи курам жөнүндө оюмду айтсам, абдан начар. Президенттин да, премьер-министрдин да айткан сөздөрү бар эле жаңы адамдар келет, жаңы саясаттын багытын аныктайбыз деген. Бирок андай эмес болбоптур. Мен ал жерден жаңы адамдарды, жаңы саясатты көргөн жокмун.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Орозбек Дүйшеев Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекитип бериш керек деген пикирин ачыктады:

- Мен бул курамды колдоймун. Анткени булардын баары ыңкылапка катышкан. Анан айтаарым, Данияр Үсөнов коррупцияга каршы абдан катуу күрөш баштаган. Бирок ага чабуулдар көп жасалганына байланыштуу күчүн бир аз жоготуп баштаган. Өзү ишкер адам. Адахан Мадумаровду болсо баарыбыз түшүнөбүз, билебиз.

Бул талапкерлерди Жогорку Кеңеш бекитпей коюшу мүмкүн дейт Орозбек Дүйшеев:

- Булардын кээ бирлерине депутаттар каршы чыгышы мүмкүн. Анткени булар депутаттарды сынга алып, Акаевдин куйруктары деп бир топ сөздөрдү айтышкан. Ошондуктан каршы болушу мүмкүн. Эгерде каршы чыкса анда туура эмес болот.

26-сентябрда Жогорку Кеңештин кээ бир комитеттери сунушталган талапкерлерди кароону башташты. Ал эми үлгүрбөй калган комитеттер 27-сентябрда карашат жана андан кийин эле палатада өкмөттүн курамын бекитүү башталмакчы.

БЕКНАЗАРОВДУ КОРГОО АКЦИЯЛАРЫ УЛАНУУДА

Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровду коргоо комитети жекшемби күнү Аксыда президент Курманбек Бакиевдин кызматтан кетишин талап кылган кайрылуу кабыл алды. Ал эми «Аксы коомунун» Бишкекте жашаган жоон топ өкүлдөрү дүйшөмбүдө өкмөт үйүнүн алдына кайра пикетке чыгышты. Алар азыркы бийликти коррупцияга аралашып кетти деп айыптап жатышат. Нааразылык акцияларына карата расмий пикир билдириле элек.

«Азимбек Бекназаровду коргоо» комитетинин төрагасы Cаламбек Нышаналиевдин айтымында, нааразы тарап эки талапты коюп жатат:

- Комитеттин эки принципиалдуу маселеси бар: биринчиси, анын үй-бүлөсүнүн, өзүнүн өмүрүнө зыян келтирбөө жагын карашсын. Экинчиси: анын кызмат абалдарына жана башкаларга беймыйзам күч колдонууну токтотуу.

Бул шарттар аткарылбаса, Бекназаровдун тарапкерлери ар кандай акцияларды күчөтүү максаты бар. 22-сентябрдан бери уланып жаткан өкмөт үйүнүн алдындагы пикетчилер «Үсөн Сыдыков уулу Бакыт менен отставкага кетсин!», «Бакиев Бекназаровду ордуна кой!», «Бийлик, Бекназаровдон колуңду тарт!» деген өңдүү ондогон ураандарды бетине кармап турушат. Алардын көз караштарында, азыркы бийлик катачылыктарды көп кетирип жатат:

- Элдин арасында сөз башталды: Бакиевдин туура эмес жасаган иштери, катачылыктары аябай көбөйүп кетти. Элдин кызыкчылыктары эмес, жеке кызыкчылыктар башталып кетти бул жерде, - дейт өзүн бишкектикмин деп тааныштырган Анвар Шакиров.

Ал эми аксылыктардын атынан сүйлөгөн Салия Жээнбекова буларга токтолду:

- Эгер талабыбыз аткарылбаса, биз бул бийликке ишенбейбиз, бул бийликти дагы түп тамырынан бери жок кылабыз деген аксылыктардын оюн билдирем.

Салия Жээнбекованын айтымында, 28-сентябрда Бакиев Аксыга барып, элдин пикирин укпаса, алар Бекназаровду коргоп, жөө жүрүшкө чыкканы жатышат.

Азимбек Бекназаров башкы прокурордуктан түшкөндөн кийин аксылыктар президенттин наамына кайрылуу жолдошуп, 28-сентябрга чейин Курманбек Бакиевдин Аксыга келип кетишин сурашкан. Президент Аксыга барар-барбасы тууралуу билидре элек. Бирок аксылыктарга 21-сентябрда жөнөткөн телеграммасында президент Азимбек Бекназаровду кызматтан алууга анын кетирген катачылыгы негиз болгонун, бирок анын иш-тажрыйбасы башка иште сөзсүз пайдаланыларын билдирген. Ал эми парламентте 22-сентябрда сүйлөгөн сөзүндө Курманбек Бакиев атайын комиссия Бекназаровдун одоно мыйзам бузгандыгын далилдеп берди деп билдирди:

- Ойлобогула отуруп туруп эле жардык чыгарып ийди деп. Ал иним менен ысык-суукта бирге жүрдүк. Кандай кыйынчылыктарды тарттык бирге. Бирок комиссиянын жыйынтыктарына, мен комиссияга ишенбегенге эч кандай укугум жок. Ушу комиссиянын жыйынтыгы (бүт республикага белгилүү кишилер юрист катары, тергөөчү катары көп жылдан бери иштеген) ачык-айкын көрсөтүп атат, мынамындай мыйзам бузуулар болгон деп.

Бекназаровду коргоо комитети комиссиянын бүтүмүнө ишенбейт жана муну саясий оюн катары санайт. Ошондуктан, комиссиянын ишинин кайра текшерилишине кызыкдар. Төрага Саламбек Нышаналиевдин айтымында:

- Кечээ кабар уктук. Мамлекеттик комиссия түзүп, кайрадан ошол комиссиянын ишин иликтейт экен. Себеби, мыйзам чегинде мамлекеттик комиссияны өкмөт башында турган адам түзөт экен. Өкмөттүк комиссияны президент түзө алат экен. Андан башка эч кимдин комиссия түзүү укугу жок экен. Ал комиссияны ким түзгөнү белгисиз.

Кайра комиссия түзүү маселеси көтөрүлүп жаткандыгы тууралуу маалыматты президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссия төрагасы Турсунбек Акун да төгүндөгөн жок. Укук коргоочу президент менен жакында болгон жолугушуусуна таянып, буларга токтолду:

- Президент такыр эле көчөгө таштап же такыр эле Бекназаровго душман болоюн деген ою жогун, Бекназаров менен иштешейин деген ойдо экенин билдирди.

Бекназаров өзү болсо акыркы жагдайларга байланыштуу «Азаттыкка» пикирин билдире элек. Кызматтан алынгандан кийин уюштурган маалымат жыйынында ал буларды белгилеген:

- Бизди, революция менен келген саясатчыларды президенттин штабын уюштурган саясатчылар тобу бүгүн жеңип, сүрүп чыгып келатат.

ДЕПУТАТТАРДЫН КООПСУЗДУГУН КҮЧӨТҮҮ ЗАРЫЛБЫ?

Азиза Турдуева, Бишкек Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүнүн коопсуздугун күчөтүү маселесин көтөрүшүп, “Депутаттын макамы жөнүндөгү” мыйзамга толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизишкен. Анда парламенттин ар бир депутаты ок атуучу курал алып жүрүүгө укуктуу деген норма каралган. Бирок депутаттардын бир бөлүгү муну менен эле коопсуздук маселеси чечилип калбастыгын айтышууда.

Жогорку Кеңештин депутаттары Иса Омүркулов менен Улукбек Ормоновдун сунушу менен өткөн аптада парламентте «Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндөгү» мыйзамга толуктоолор менен өзгөртүүлөр киргизилип, ар бир депутат парламенттин төрагасынын уруксаты менен курал алып жүрүүгө укуктуу деп белгиленген.

Депутат Улукбек Ормонов аталган мыйзамга толуктоолордун киргизилишине мындайча токтолду:

- Азыркы кырдаалда депутаттарды курал менен камсыз кылуу маселеси күн тартипке коюлду. Ошондуктан, депутаттын статусу жөнүндөгү мыйзамга депутаттын коопсуздугун жогорулатуу боюнча толуктоолорду киргизүүнүн зарылдыгы келип чыкты. Жок дегенде майда кылмышкерлер бир аз чочулап калышат.

Ал эми айрым депутаттар аталган мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүгө каршы чыгышты. Алардын бири Кубатбек Байболов анын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Мен бул маселени колдоого алган жокмун. Анткени, бир тапанча эле депутаттын коопсуздугун чечип койбойт. Депутаттын коопсуздугун мамлекет камсыз кылышы керек. Ал эми мамлекеттин ага чамасы жетпей жатат.

Депутат Өмүрбек Бабанов да, депутаттардын жана башка бийлик органдарынын өкүлдөрүн же катардагы атуулдун коопсуздугун сактоону жакшыртуу үчүн эң ириде тартип коргоо органдарынын ишин жакшыртып, алар кылмыш топтору менен болгон алакаларын үзүүгө тийиш деген оюн ортого салды:

- Депутаттардын коопсуздугу албетте, бир тапанча менен чечилип калбайт. Ал үчүн өлкөнүн тартип коргоо органдарындагы иш жакшыртылышы керек. Алар криминалдык чөйрө менен болгон кызматташтыгын токтотууга тийиш. Эгерде ушундай эле нукта иштей беришсе, анда депутаттардын да, башка бийлик органдарында иштеген адамдардын да коопсуздугу азыркыдай эле опурталдуу бойдон кала берет.

Ички иштер министринин орун басары Алымбай Султанов болсо депутаттарга тапанча берүү маселеси жөнөкөй маселе эместигине мындайча токтолду:

- Эми биз ар бир эле адамга тапанча бере бербейбиз. Анткени, бул боюнча бизде катуу тартип жана тиешелүү эрежелер бар. Биз курал бериле турган адамды ар тараптуу текшерүүлөрдөн өткөрөбүз. Ал психдиспансерде, наркодиспансерде катталган эмеспи, анын жүрүм-туруму кандай, ичимдик ичеби-жокпу, жана башкалар боюнча. Кылдат текшерүүлөрдөн кийин гана биз ал адамга курал берүү маселесин чечебиз. Анын үстүнө куралды сактоо эрежелери да алар тарабынан так сакталышы керек. Ошондуктан, бул өтө жоопкерчиликтүү иш.

Ар бир депутатты ок атуу куралы менен камсыз кылуу менен толукталган «Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндөгү» мыйзам долбоору президентке кол койууга жолдонду.

Айрым саясатчылар белгилешкендей, учурда өлкөдө бир гана депутаттардын эмес, бардык эле жарандардын коопсуздугу коркунуч абалда турат. Ошондуктан, өлкөдөгү ар бир жарандын коопсуздугун камсыз кылуу багытында өкмөт тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүшү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Абдымомунов төмөнкүчө билдирди:

- Азыр биздин өлкөдө депутаттардын гана эмес, ар бир эле адамдын коопсуздугу чоң маселе болуп турат. Анткени, өлкөдө кылмыштуулук өтө өнүгүп, өсүп кетти. Ошондуктан, өкмөт азыр бир гана депутаттардын жана башка бийлик структураларында иштеген кызматкерлердин коопсуздугун эмес, ар бир эле атуулдун коопсуздугуна байланыштуу маселени карашы керек.

Айрым пикирлерге караганда, эгерде парламентке жалаң мыйзам чегинде иш алып барган, коррупцияга, кылмыш дүйнөсүнө аралаш-катышы жок адамдар келгенде, алардын коопсуздугу жөнүндөгү маселе да күн тартибине чыкмак эмес.

Өткөн жумада депутат Байаман Эркинбаевдин өлүмүнө байланыштуу өткөрүлгөн жыйында депутаттар айрым күч структураларынын жетекчилерин жана алардын орун басарларын ээлеген кызматтарынан бошотууну өлкө башчысына сунушташкан. Азырынча бул маселе боюнча президент Курманбек Бакиев өз чечимин айта элек.

АНАПА КИНОФЕСТИВАЛЫНДА КЫРГЫЗ КИНОЛОРУ КЫЗУУ ТАЛКУУГА ТҮШТҮ

Өткөн жумада Анапа шаарында өткөн КМШ жана Балтика мамлекеттеринин киночуларынын “Киношок” эл аралык кинофестивалында кыргыз киночулары тарткан “Найман эненин кошогу” жана “Терезе” кинотасмалары көрсөтүлдү. Ал эми кыргыз кинорежиссеру Нурбек Эгендин франсуздар менен биргелешип тарткан “Бабалардын сандыгы” аттуу тасмасы киносынчылар тарабынан жогору бааланып, продюссердин эң мыкты алгачкы иши катарында байгеге татыктуу болду.

Анапа шаарында КМШ жана Балтика мамлекеттеринин ХIV кинофестивалында Грузия, Латвия, Литва, Орусиянын киночуларынын чыгармалары менен кыргыз кинорежиссеру Нурбек Эгендин франсуздар менен биргелешип тарткан “Бабалардын сандыгы” аттуу кинотасмасы ат салышып, продюссердик алгачкы мыкты иш катары байгеге татыктуу болду. Бул кинотасмада, башкы каарман Айдардын ролун аткарган жаш актер Болот Тентимишевдин сүйгөн кызы Изабелдин ролунда франсуздардын белгилүү актрисасы Наташа Ренье тартылып, кыргыз жигити менен франсуз кызынын махабатын, батыш-чыгыш маданиятын, үрп-адатын чагылдырган чыгарма кинофестивалдын калыстар тобунун, кино ишмерлердин зор кызыгуусун жараткан. Ошондой эле жаш режиссер Гухар Садыкованын “Терезе” деген кинотасмасы да көрсөтүлгөн.

Анапада өткөн эл аралык кинофестивалга катышып келген белгилүү кинорежиссер Бакыт Карагулов буларга токтолду:

- Кыргыз киносунун башкалардан өзгөчөлөнгөн өзүнүн жүзү, өзүнүн чыгармачылык бийиктиги бар. Мына ошол өңүттөн алганда “Кыргызфильм” дүйнөлүк аренада өзүнүн оюн, көз карашын чыгармалары аркылуу айтып келген. КМШ жана Балтика мамлекеттеринин кинофестивалында биз мурдакы көчтү улап, жакшы чыгармаларыбызды көрсөттүк.

Кинофестивалда белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Бороонду бекет” романындагы Манкурт жөнүндөгү легенданын негизинде кинорежиссер Бакыт Карагулов тарткан “Найман эненин кошогу” аттуу кинотасма да көрсөтүлгөн.

“Найман эненин кошогу” тасмасы буга чейин Францияда Канн эл аралык кинофестивалында көрсөтүлүп, киноишмерлер жана көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынган. Ал эми Анапа кинофествалында, “Найман эненин кошогу” кино сынчылар талкууга алып, бир катар сын пикирлер болду. Фильмдин режиссеру Бакыт Карагулов ал тууралуу мындай дейт:

- Айрым бир киносынчылар биздин кинолорду өткөн кылымдын 60-жылдары тартылган “Биринчи мугалим” киносундагы төкөр, кедей, бай-манаптардын психологиясында көргүсү келишсе керек. “Найман эненин кошогундагы” улуттук кийимдерди эмне үчүн таза, эмне үчүн окуя мындай чечилген дегендей доомат койгулары келишти. Мен биздин улуттун кылымдардан бери келаткан үрп-адаты, салт-санаасы, маданияты, улуттук философиясы бар. Мына ошол башка улутта жок касиеттерди биз чыгармалырыбызда чагылдырабыз. Мурдакы Совет биримдигиндей башка бир улуттун жасалма маданиятын таңуулабайбыз дедим. Анан калса айрымдар кинофестивалды саясатка аралыштыргысы келишти. Көркөм өнөргө саясатты аралаштыруунун кажети жок деген ойдомун.

Анын айтымында, жакында Смоленск шаарында Никита Михалковдун жетекчилигинде “21-кылым” аттуу эл аралык кинофестиваль болуусу күтүлүүдө. Анда бүткүл дүйнөнүн чар тарабынан тандалган кинотасмалар менен катар кыргыз киночуларынын чыгармалары да көрсөтүлөт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG