Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 21:25

Кыргызстан

РЫСБЕК АКМАТБАЕВДИН СОТУ УЛАНТЫЛДЫ

30-ноябрда үч адамды өлтүрүүгө шектүү деп кармалган Рысбек Акматбаев баштаган 9 атуулдун үстүнөн сот жараяны улантылды. Мамлекеттик айыптоочу шек менен кармалган Акматбаев менен 9 атуулду генерал Чыныбек Алиевдин жана дагы эки адамдын өлүмүнө себепкер деген тергөөнүн корутундусун окуп берди. Шектелип жаткандар сотко айыптуу эмес экенин айтышып, тергөө мыйзам бузуулар менен бир тараптуу айыптоо багытында жүргүзүлдү деп эсептешти.

Cот иши судья Аманбек Сариевдин жетекчилигинде жүргүзүлдү. Ага Биринчи май райондук прокуратурадан Марат Асранкулов мамлекеттик айыптоочу катары катышты. Бул күнү Рысбек Акматбаевге милициянын полковниги, маркум Чыныбек Алиевдин өлүмүнө тиешеси бар деген айып менен козголгон кылмыш ишти угузуу менен сот жараяны улантылды.

Соттун мурдагы отурумунда Акматбаевге байланышкан кылмыш иш башкы прокуратурага кайтарылган эле. Сотко жетекчилик кылуучу Сариев жабырлануучулардын сотко келбей жатканынан сот ишинин үзгүлтүккө учурап келгенин айтты.

30-ноябрь күнкү сот жараянына деле жабырлануучулар келген жок. Жабырлануучулардын адвокаттарына ишеним көрсөтүп, сотко жолдогон кайрылуулары сот төрагасынын колдоосуна ээ болду. Алгач мамлекеттик айыптоочу катары катышкан Биринчи май райондук прокуратуранын өкүлү Марат Асранкулов тергөөнүн айыптоо корутундусун окуп берди.

Мамлекеттик айыптоочу Марат Асранкулов тергөө жыйынтыгы боюнча Чыныбек Алиевдин, Хаваджи Заурбековдун, Нурлан Бердикеевдин өлүмүнө тешеси бар деп, Рысбек Акматбаевден тышкары Нурлан, Мирлан Коноевдер, Эркинбек Мамбеталиев, Мухтар Андабаев болуп, жалпысынан 9 адам айыптуу деп, сот кароосуна койду. Шектелип кармалган атуулдардын баш коргоо чарасы убактылуу камакка алуудан, ачыкта жүрүп сурак берүү шартына өзгөртүлгөн.

Шек менен кармалган тогуз атуул мамлекеттик айыптоочунун угузган тергөө корутундусуна карата күнөөсү жоктугун айтышып, коюлган айыптар жалган жалаа деп эсептешти. Шек менен кармалган Рысбек Акматбаев өзүнө тагылган “кылмыштуу топтун башчысы” деген айыпты четке кагып, тергөө амалдары айыптоо багытында бир тараптуу жүргүзүлдү дейт:

- Мага коюлган күнөөлөрдү мойнума албайм. Мен күнөөлүү эмесмин. Бул таптакыр эле туура эмес айтылып жатат. Кантип эле “банда” болсун. Бул күнөөлөнүп жаткандар менин бир туугандарым. Башка балдарды тааныбайт экенмин. Бул жактан биринчи жолу көрүп жатам.

Акматбаевдин адвокаты Нагаев сот жараяны азырынча мыйзам бузууларсыз, адам укуктарын сактоо тартибинде жүргүзүлүп жатат деген пикирин билдирди:

- Рысбек Акматбаев, Коноевдер жана башкалары күнөөнү моюнга алышкан жок да. Кылмыш процессуалдык Кодекс боюнча сотту жабырлануучулардын, күбөлөрдүн далили менен башташ керек.

Сот иши 9-декабрда улантылмак болду. Эгерде жабырлануучулар жана күбөлөрдү сотко катыштыруу камсыз болбосо, сот иши дагы артка жылдырарылы сот төрагасы тарабынан эскертилди.

КЫРГЫЗСТАНДАН КЕТКЕНДЕР КӨП, КЕЛГЕНДЕР АЗ

Жаамы дүйнөдө 4 миллионго жакын адам кул сатуунун курмандыгы болушат, анын 2 миллиону чет жерге жөнөтүлөт. Улуттар уюмунун маалыматына караганда, 12 миллион адам кул катары жашайт. Миграция боюнча эларалык уюм бир жылда Кыргызстанда болжол менен 4000 кыргыз жарандары кулчулукка сатыларын кабарлады. Бул маалыматтар Кыргызстанда жаңыдан кулач жая баштаган социалдык илдетке каршы туруунун мамлекеттик программасын иштеп чыгууга арналган бейөкмөт уюмдардын коомдук угуусунда айтылды.

Жыл бою Кыргызстандан канча адам чет жерге мандикерликке жөнөтүлөрү, алардын канчасы адамдык укугунан ажырап, кулчулукка туш келеринин так саны жок. Парламенттин миграция боюнча комиссия төрагасы Кубанычбек Исабековдун маалымдашынча, ушу тапта Бириккен Араб эмирлигинде эле 118 кыз-келин мыйзамсыз ташылып баргандыгы белгилүү болду.

- Араб эмирлигинде 118 биздин кыз-келиндер кармалган. Алардын отуз үчүн Эларалык миграция уюмунун жардамы менен Кыргызстанга алып келишти. Калгандарын кантип алып келүү проблемасы чечилүүдө. Жайкы эс алуу маалы келгенде Түркиянын эс алуу жайларында Кыргызстандын жүздөгөн кыз-келиндери пайда болуп калышат. Алардын биртобун бул жерге алып келдик, калгандары дагыле ал жерде калууда.

Мындай иштерге тиешеси бар делинген кишилерге өткөн жылы 66 кылмыш иши козголгон. Алардын 36сы гана сотто каралып, айыптуулар көбүнесе жазасыз калышууда. Быйылкы жылы козголгон 27 кылмыш ишинин экөө гана сотко жетти, деп маалымдады К. Исабеков.

Парламент депутаты ошол эле учурда Кыргызстанда чет элдик жарандардын кыйласы мыйзамсыз жүрүшкөнүн кабарлады. Жакында эле Ош облусунун Карасуу шаарындагы базарда иштеп жүргөн 2000 кытайлык жарандын документтерин текшеришкенде алардын 150 гана убактылуу жүрүүгө укук алып, калганы мыйзамсыз жүрүшкөнү аныкталган.

Эгемендик алгандан бери экономикалык оорчулуктан башы чыкпай келаткан өлкөнү таштап сыртка кетип аткандардын саны жыл санап көбөйүп баратканын Миграция жана калкты ишке жайгаштыруу мамлекеттик комитетинин төрага орунбасары Досмир Өзбеков да ырастады:

- Миграциянын жалпы агымы, келгендер менен кеткендердин ортосундагы айырма Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 90-жылдардан 2004-жылга чейин 490 миң кишини түздү. Бир көчүп келгендин ордуна үчөө көчүп кетишүүдө.

Лейлек районундагы Андарак айылынын 37 кишисин ортомчулар кантип Орусиянын Красноярьск аймагына жөнөтүп ийишкенин «Лейлек аялзаты» коомдук бирикмесинин жетекчиси Назым Жалилова айтып берди:

- Аларды ушу ортомчулары аркылуу Ошко сатышкан. Оштогу киши чогултуучуларга өткөрүп беришкен. Оштон анан, булар өзүнчө чырмалышкан топ да, мен алардын ким экенин айта албайм, аны прокурорлор билсе керек. Оштогу топ аларды алып барып Орусияга, Красноярьскиге сатып, токойдо жыгач кыюучуларга, мен ошондой түшүндүм, ошолорго алып барып сатып, алардын эмгек маянасын да «силердин бала-чакаңарга жеткирип беребиз» деп алып алышат. «Силердин ордуңарга алдык» деп кайтып баса беришкен. Анан алар 4 ай иштейби, 5 ай иштейби, иштешип «эмгек акыбызды бер» десе фирмасы бербей коет. Себеби алардын паспортторун тартып алышып, кул катары эле бекер иштетип жүрүшкөн. Адамдар көп болгон, 500-600 адам бир жерде иштеп, бир жерде жашап жүрүшкөн. Жыгач үйлөрдө жашашкан. Бардыгы ич оору, ичкелте менен ооруп калышкан да айрымдары катуу ахывалда жатканда Орусиянын Кызыл крести аларды дарылап, көпчүлүгүнүн Кыргызстанга кайтып келишине жардам беришет.

«Ноокат» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Абдували Кудайбердиев ушу тапта айылдын ишке жарамдуу калкынын 80 пайызга жакыны Орусия менен Казакстанга иштөөгө кетип жатышканын, алардын баары эле жагымдуу шартка, жайлуу ишке орношо албасын билдирди:

- Бизден көп адам кетип атат. Бирок бир айда бир-эки адамдын сөөгү келүүдө, бир жылда аз эле дегенде 12 адамдын сөөгү келип атат ал жактан.

Кыргызстанда мандикерликке барган адамдарды кул катары иштетүү, киши аткезчилигине каршы күрөш азырынча кеңири жайыла элек. Чет жерлерге агылган адамдардын көбү өздөрүнүн укугун билишпейт, анын натыйжасында адам сатуучулардын укуругуна оңой эле түшүп калышат.

МОСКВАДА КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫ ЖАШАГАН ҮЙДӨН ӨРТ ЧЫКТЫ

Төрөкул Дооров, Москва Ушул дүйшөмбүгө караган түнү Москванын борборунда мыйзамсыз иштеп жаткан мигранттар жашаган үйдө өрт чыкты. Ал үйдө 100гө жакын кыргызстандык мигрант да жашачу. Бир кыргызстандык аял өлгөндүгү маалым болду. Дагы төрт адам ушул тапта ооруканада жатат.

Пресненский вал, үй номуру 30. Бул үй эскилиги жеткендиктен, жергиликтүү бийликтердин планы боюнча, жакынкы мезгилдерде буздурулуп, анын оордуна башка там курулушу керек. Андыктан бул үйдө жашаган тургундардын дээрлик баары башка жерлерге көчүрүлгөн. Ал эми ысык суу өчүрүлгөнүнө көп болду.

Бул аймакты тейлеген райондук милиция кызматкери мезгилден пайдаланып, бош калган квартираларга Москвада каттоосу жок, мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттарды киргизет. Алардан өзү каалагандай акча алып турган. Жергиликтүү бийликтер менен проблемалар чыгып калса, «алар менен өзүм сүйлөшөм» деген ал.

Өрт болгон жерде эртеси тынч. Үйдүн маңдайында бир эле кыргызстандык мигрант турган экен. Үйгө кирип, жүктөрүн алып кетүүгө жанындагы милиция кызматкерлери уруксат бербей жатышыптыр.

- Мен өзүм ушул үйдүн биринчи подъездинде жашайм. Анан түнкүсүн саат он эки менен бирдин ортосунда эле сыртта ызы-чуу болуп, адамдар кыйкырып жатышыптыр. Менин эжем экинчи подъездде жашачу. Ал мени чакырып, ыйлап жатканын угуп калдым. Карасам, өрт чыгып, алар үчүнчү кабатта кыйкырып жатышкан экен. Бир кыргызстандык аял бешинчи кабаттан секирип, көз жумду, дагы бир кыргызстандык жигит үчүнчү кабаттан секирип түшөм деп, буту сынды. Анан дагы бир кыргызстандык киши төртүнчү кабатта балдарына чыгам деп, күйүп кетиптир. Азыр ооруканада жатат. Ал эми үчүнчү кабаттан секирген аял экинчи кабатка түшүп калыптыр, азыр ооруканада экен.

Анан ошентип турсак эле, баласын жетелеген бир кыргызстандык аял келип калды. Анын күйөөсү өрттөн жапа тартып, азыр ооруканада жатыптыр. Доктурлар да документи болбосо карай албайбыз дешкен, ошондуктан өрттөн калган буюм-тайымдардын арасында күйөөсүнүн документтерин тапканы келиптир:

- Мен өзүм конокто болчумун. Анан бир убакта эле бизге чалышты «өрт чыгып жатат» деп. Келсек чын эле үй күйүп жатыптыр. Анан менин күйөөм үйдө болчу. Ал жогорку кабаттагы ини-карындаштарын куткарам деп чыккан убакта кара түтүндөн башы айланып, эсин жоготуп койгонбу, айтор, жыгылып калыптыр. Анан кийин өрт кызматтарынын адамдары көтөрүп чыгышты. Азыр анын абалы оор. Догдурлар 60 пайызы күйүп калган дешти. Өпкөсүн жасалма жол менен иштетип жатышат. Жүрөгү да араң иштеп жатыптыр. Анан мага күйөөмдүн документтерин алып кел дешкендиктен, аны табуу үчүн өрттөнгөн үйгө келсем, мени квартирага киргизбей жатышат, - дейт кичинекей баласын жетелеп алган аял.

Жамиля Бегишева – Москвадагы «Алатоо» уюмунун төрайымы. Аталган уюм кыргызстандык мигранттардын укуктук абалын жакшыртуу үстүндө иштеп жатат. Бегишева айымды да ушул жерде мигранттар менен турган жеринен учуратып калдым. Орусиянын аймагында мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттардын турмушунда бул өңдүү окуялар көп кездешет, дейт ал.

- Бүгүнкү өрткө чейин эле кыргызстандык атуулдардын арасында өлгөндөрдүн саны көп болчу. Мынакей, шайлоодон бери эле 14кө жакын адам түрдүү кокустуктардан улам өлдү. Кыргыз мигранттарынын арасында набыт болуп жаткандардын санынын артышына, биринчи кезекте, алардын бул жакта оор шарттарда жашап жатканы себеп болууда. Эки адам жайында сууга чөгүп өлгөн, дагы бирөөнү үчүнчү кабаттан түшүп кетти дешкен. Бир кишини болсо милиция кармап, түнкүсүн саат 3 төргө жакын чыгарып жиберишкенде, көчөдө өлтүрүп кетишкен деп жатышат. 3-4 адам түрдүү оорулардан өлдү. Болоор-болбос эле оорулардан, документтери болбогондуктан, доктурларга көрүнбөй, өтүшүп кетип, көз жумуп жатышат. Дагы бир жигит 11-ноябрда иштеген жеринде эле «вагонкада» жашаган экен. Ал жерде өрт чыгып өлгөн экен. Аны эми экспертизадан бошотуп беришти. Өлүгүн бүгүн жөнөтүп жатабыз. Аны жөнөтпөй жатып, дагы башка өлүктөр даяр турат. Анан кечээ мага чалышты, Москванын түндүк райондорунун биринде өзүбүздүн эле мигранттар бири-бирин бычактап, өлтүрүп алышыптыр.

Мыйзамсыз мигранттар жашаган үйдөгү өрт боюнча кылмыш иши козголду. Алдын ала маалыматтарга караганда, жашоочулардын от менен туура мамиле кылбагандыгы өрткө себеп болгон болушу мүмкүн деп айтылат ырасмий билдирүүлөрдө. Бирок кыргызстандык мигранттардын айтымында, мында башка себептер да болушу ыктымал.

- Бул жерди бирөө атайын өрттөгөн болушу мүмкүн деген да сөздөр айтылып жатат, бирок ким экени тууралуу азырынча маалымат жок. Өзүбүздүн мигранттар «Бул жерде бизди жек көргөн улутчулдар өрттөп жиберген болушу мүмкүн» деп жатышат. Айрым башка бирөөлөрү болсо “өзүбүздүн эле кыргызстандык мигранттардын ичинде бирөө мас болуп келатып, тамекини кагаздардын арасына таштап койгон болсо керек”дешет. Азыр биз эми үйгө кирип, жүгүбүздү ала албай жатабыз. Анткени экспертиза болушу керек деп, бизди киргизбей жатышат. Айрымдар акча берип эле кирип жатышат. А бул жерде жашаган кыргызстандык мигранттарды азыр жергиликтүү милиция бөлүмүнө алып кетишкен, - дейт мигранттардын бири.

Мындан сырткары, өткөн жумада Москвадагы Лефортово райондук сотунда 1982-жылкы кыргызстандык атуул «баңги заты менен кармалды» деген айып менен 5 жылга эркинен ажыратылды.
Биз баарлашкан мигранттардын аттары алардын өтүнүчү боюнча аталган жок.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ҮЧ ДЕПУТАТТЫН ӨЛТҮРҮЛҮШҮН ИЛИКТӨӨ БОЮНЧА УКК ТӨРАГАСЫНЫН МААЛЫМАТЫН УКТУ

29-ноябрда Жогорку Кеңеш киши колдуу болуп каза тапкан депутаттар Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев жана Тынычбек Акматбаевдин өлтүрүлүшүн иликтөө жана бетин ачуу боюнча иштин жүрүшү тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Таштемир Айтбаевдин маалыматын укту. УКК төрагасы Сурабалдиевдин өлүмүндө саясий себеп жоктугун айтып, Эркинбаевдин өлүмүн маңзаттарын соодалоого байланыштырды. Бул күнү убакыт жетпей калганына байланыштуу ички иштер министринин, баш прокурордун жана парламенттик комиссиянын маалыматын угуу бейшембиге калтырылды.

Жогорку Кенеште алгач Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаев үч депутаттын өлтүрүлүшүн иликтөө иштери тууралуу маалымат берип, депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүндө кандайдыр бир саясий себептер жоктугун айтты:

- Депутат Cурабалдиевдин өлүмүндө кандайдыр бир саясий өңүт жок экени аныкталды. Иликтөө иштеринен улам маркум депутаттын өлүмү анын менчигине, тактап айтканда “Азамат” автобазарына байланыштуу болгону белгилуу болду.

УКК төрагасы Коопсуздук кызматы тарабынан бул кылмыш ишин толук ачып чыгууга мүмкүнчүлүк бар экенин да белгиледи.

Мындан сырткары Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө тиешелүү деп шектелген Батыров жана Рузуметов деген атуулдар кармалганын, ал эми аны үч жолу ок атып өлтүргөн деп шектелип жаткан чеченстандык Султан Абалаев Казакстан аркылуу Москвага качып кеткенин, ага эл аралык издөө жарыяланганын маалымдады. Коопсуздук кызматынын төрагасы Баяман Эркинбаевдин өлүмүн наркосоодага да байланыштырды:

- Баяман абактагы Азиз Батукаев менен жолугушуп турган. Ал жерде манзаттарды соодалоо боюнча сөз жүргөн.

Анын айтымында, маркум Баяман Эркинбаев менен жеке тааныштыгы бар Батыров деген адам Эркинбаев колонияга 20 кг героинди жеткирип берем деген убадасына турбагандыгы үчүн криминалдык авторитет Рузуметов менен депутатты атайын өлтүрүүнү уюштурушкан.

Суроо-жооп учурунда депутат Камчыбек Ташиев Феликс Куловдун Баяман Эркинбаевдин өлүмү тууралуу парламентте сүйлөгөн сөзү чындыкка канчалык дал келген-келбегенине кызыкты. Бул суроого Айтбаев мындайча жооп узатты:

- Феликс Кулов тергөөчүлөргө көрсөтмө берип айткан экен, Баяман Эркинбаевге кол салган Рысбек Акматбаев болушу мүмкүн деп. Рысбек Акматбаев да суракта болду. Бардыгын тактадык, иликтедик. Бул боюнча эч кандай фактылар такталган жок.

Премьер-министр Феликс Кулов 18-сентябрда Баяман Эркинбаев менен жекеме-жеке жолугушкандыгын, Эркинбаев ага өзүнүн өмүрүнө ким тарабынан коркунуч болуп жаткандыгын айтып, эгерде аны өлтүрүп кете турган болсо, ошол адамдын атын коомчулукка айтып берүүнү өтүнгөндүгүн депутат каза болгондун эртеси парламентте маалымдап, аны тергөөдө айтаарын билдирген эле.

Канткен менен айрым депутаттар бул күнкү жыйында коопсуздук кызмат төрагасы эч кандай деле жаңы маалыматтарды айткан жок деп эсептешет. Маселен, депутат Мелис Эшимканов бул тууралуу мындай дейт:

- Мен эч кандай деле жаңы маалымат уккан жокмун. Үч депутаттын өлүмүнө байланыштуу эки айдан бери эле айтылып жүргөн, биз билген гана фактылар айтылды. Анча-мынча имиштердин гана бетин ачып коюшту. Анан биз билбеген тирукмуш сөздөр айтылды, маркум Баяман Азиз Батукаев менен жолугушуп жургөн, наркосооданы бөлүшүп жүргөн, байлыгы 25 миллион доллар дегендей... Эми мен буга ишеништи да, ишенбешти да билбей турам.

Ошентип бул күнү депутаттар Улутутк коопсуздук кызмат төрагасынын маалыматын угуу менен гана чектелишти. Убакыт жетпей калганына байланыштуу ички иштер министринин, баш прокурордун жана парламенттик комиссиянын маалыматын угуу бейшембиге калтырылды.

КЫРГЫЗСТАН КУМТӨРДӨН КАНДАЙ ПАЙДА КӨРДҮ?

Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан кандай пайда көрдү? Сырттан алынган кредиттердин баары эле өзүн актадыбы? Швейцарияга ташылып кеткен алтындын тагдыры эмне болууда? «Кыргызалтын» мамлекеттик концернинин мурдагы жетекчисине каршы козголгон кылмыш иши кантип жабылды? Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун 29-ноябрдагы маалымат жыйынында мына ушул суроолордун тегерегинде кеп болду.

1999-жылы Кыргызстандын башкы прокуратурасы Дастан Сарыгуловду «Кыргызалтын» мамлекеттик концернин башкарып турган кезинде 1997-жылы жашыруун сүйлөшүүлөрдү уккандыгы үчүн айыптап, ага каршы кылмыш ишин козгогон. Д. Сарыгулов бул ишти А. Акаевдин көрсөтмөсү менен жасалган деп эсептейт:

- Бул калгандарга сабак болсун деди да ошол убакта. Мына ушундай депутатты, ак иштеген жетекчини биз керек болсо жоопко тартып коебуз деген саясат болду. Өз пикириңерди айтсаңар, бийликке каршы сөз айтсаңар ушундай болот дешти. Анан алардын айласы кетти. Булар ошо 7 жыл мыйзам бузганга көзү жетип, акыры акыйкат, чындык үчүн ишти токтотту.

«Кыргызалтын» мамлекеттик концернинин мурдагы жетекчиси Кыргызстан алган чет эл инвестицияларынын ичинен «Кумтөр» алтын кенин иштетүү долбоору өлкө экономикасы үчүн жакшы натыйжа бергенин маалымдады:

- 1996-жылдан 2004-жылга чейин Кумтөр жалпысынан 150 тонна алтын өндүрдү. Аны 1 миллиард 600 миллион долларга сатты. Бул акчалар каякка жумшалды? Эсептеп көрөлү, 450 миллион доллар комбинат курулушуна деп кредитке алынган. Аны кайтаруу керекпи, керек. Сегиз жыл ичинде кредиттин үстөк пайызы 200 миллионго чыкты. Аны кайтарыш керекпи, керек. 450 миллион менен 200 миллионду алып салганда 950 миллион доллар акча калат. Булар кайда кетти? Алтын өндүрүүнүн өздүк наркы жалпысынан 800 миллион долларды түздү. Бир грамм алтынды алуу 5,4 долларга турду. Алтын болсо а кезде базарда 14 доллардан сатылды. Өздүк наркына 800 миллион доллар кетип, кирешеге 150 миллион доллар калып жатат. Анын үчтөн экиси – 100 миллиону Кыргызстанга, калганы – 50 миллион Кумтөргө тийди. Айтса, өздүк наркка кирген 800 миллион доллардын 350 миллион доллары Кыргызстанда калды. Бул темир жолчуларга, энергетиктерге төлөөлөр, жумушчуларга эмгек акы, салыктар, Күрмөнтү заводунун акиташына төлөндү.

2004-жылы алынган кредитти толук кайтарып, Кыргызстандын ээлигине өтчү «Кумтөр» алтын кенинин акциясын Кыргызстан өкмөтү канадалыктарга берип койгон. Анын үстүнө киреше алып келчү алтын кенди башкарчу «Кыргызалтын» мамлекеттик концерни мамлекетке карыз болуп, оор кырдаалдан өзү кантип чыгуунун амалын таппай олтурат.

Концерн президенти А. Жакыповдун ушул жылдын 4-августунда алтын кенге бараткан жолду тосуп салышкан барскоондуктар менен жолугушуу маалында «Кумтөр» алтын кени боюнча кыргыз өкмөтү менен канадалык «Камеко» компаниясынын ортосундагы келишим башында туура эмес түзүлгөнүн ырастаган жайы бар.

- Мына «Кумтөр» жөнүндө айтсак, башынан келишим туура эмес түзүлүп калган. Эми ал башка кишилер түзгөн. Ошондо кол койгон кишилер азыркы бийликте жок, туугандар. (Эл: Бар, Д.Сарыгулов бар!) Кое турсаңар туугандар, мен түшүндүрүп берейин, ошол адамдар чечим кабыл ала алган эмес. Кээ бир кишилер кол койгусу келбесе да кол коесуң деп койдурушкан.

«Кыргызалтын» мамлекеттик концерни 1999-жылы эсебинде 11 миллион доллар акчаны сактап турса, бүгүнкү күнү ошончо акча карыз. Дастан Сарыгулов анткен менен алтын кенден Кыргызстан пайда көрдү деп эсептейт.

- Кумтөрдүн Кыргызстан үчүн пайдасы жок дегенди мен түшүнбөйм. Логика кайда? «Гималай» долбоорунун пайдасы жок болду. «Куранжайлоо» алтын кенине өкмөттүн кепилдиги менен 10 миллион доллар кредит алышкан. Жарым грамм алтын өндүрүшкөн жок. Кредитти салык төлөөчүлөрдүн эсебинен кайтарып жатышат. Бул тууралуу эч ким ооз ачпайт. Пакистан өкмөтүнөн фармация заводуна деп 10 миллион доллар алышкан. Бир таблетка да дары чыгарылган жок. Аны деле айтышпайт. Булгаaры заводко, эмерек комбинатына деп алынган Түркия кредити кайда? Муну айтышпайт. «Гольд старчы?» Буларды айтышпайт. Келгиле, ушуларды «Кумтөр» менен салыштыралы. «Кумтөрдөн» дагы 100 тонна алтын казып алууга болот. Мунун эмнеси жаман? Бир унций алтындан баасы 470 доллар. Муну саясатташтырбай, экономикалык негизине баам таштаганда жана мен айткандай эле болот.

Быйыл «Кумтөр» алтын кени 1998-жылкы экологиялык кырсыктын залалын жоюу үчүн Жетиөгүздүн беш айылынын калкына 4 миллионго жакын доллар айыппул төлөп берүүгө мажбур болду. Кенден чыккан уулуy суулардын сакталышы да кыйла кооптонууну жаратарын эколог адистер айтып келатышат.

МЕНЧИКТЕШТИРҮҮНҮН МАҢЫЗЫ ӨЗГӨРДҮБҮ?

Элдик ыңкылаптан кийин эл-журт биринчи кезекте мыйзамсыз менчиктештирүүлөрдүн бетин ачып ашкерелөөнү жана мамлекетке кайтарып алууну аябай күтүшкөндүгү ырас. Ошол элдик ыңкылаптан кийин менчиктештирүүнүн маңызы өзгөрдүбү? Кандай принциптер менен иш алып барылууда?

Кыргызстандагы менчиктештирүү жараянын изилдеген белгилүү журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кален Сыдыкова, маселен, мурда PESAC программасына кирген 28 ишкана жалган жерден банкрот деп табылып, анан сатылган деген пикирин билдирди:

- PESAC деген атайын программа келип түшүп, ошонун алкагында Кыргызстандагы 28 ишкананы, чыгашалуу болуп атат, кайра түзүп чыгабыз деп, 60 млн. доллар бөлдүрүп алышкан бийликтегилер. Ага карабай кийин кайра банкрот деп таап, ит-бекер менчиктештирип алышпадыбы. Көрсө, алар бүт - байманасы ташып, Кыргызстандын экономикасын көтөрө турган ишканалар экен. Аларга айылчарба машина куруу заводу, Майлысуу электрлампа заводу, Миңкуштагы оргтехника, Сүлүктү, Ташкөмүр шахта башкармалары, Канттагы цемент-шифер комбинаты, Бишкектеги “Илбирс” заводу жана башкалар кирет. Ошо кезде кимдер мамлекетти, өкмөттү башкарып турса, ошолордон “кустуруп” алыш керек – жоопкерчилигин сурап.

1991-жылы Мамлекеттик мүлк комитети деп алгачкы жолу түзүлүп, мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүү аркылуу экономикада жеке менчиктердин өзүнчө бир классын пайда кылган абройлуу ведомство азыр, элдик ыңкылаптын жеңишинен кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети деп кайра түзүлдү. Төраганын биринчи орунбасары Сүйөркул Бакиров менчиктештирүүдө кандай негиздерден улам катачылыктар кеткендигин төмөндөгүчө жалпылаштырат:

- Бир топ кемчиликтер кеткен. Ошол менчиктештирүү мыйзамдарыбыз, менчиктештирүү жоболорубуз өздөрү көбүнчө туура эмес болуптур. Акыркы убактагы текшерүүлөр ырастап олтурат, андыктан көптөгөн нерселер текейден арзан кетип калган. Мыйзам, жоболорду бузуулар андан көп болгон.

Сүйөркул Бакиров кийинки кездерде мурда сатылган объектилерди кайра сатыш үчүн мамлекетке кайтарып алуу аракеттери жүрүп жаткандыгына да токтолду:

- Айрым мыйзамсыз менчиктешкен жайларды азыр сот аркылуу мамлекетке кайтарып алууга күч үрөөдөбүз. Биздин мыйзамдарга ылайык, жеке менчикке өткөн нерселерге тийишүүгө болбойт, маселени сот аркылуу гана каратыш керек. Сатып алып жатканда биз менен түзгөн келишимдеги өнүктүрүү, инвестиция тартуу иштерин жасабагандыгы үчүн “Бермет”, “Аист”, “Архитектор”, “Барчын”, “Ак кайың” пансионаттарын сатып алгандарды биз сотко бердик эле, “Ак кайыңды” кайтарып берүү боюнча соттун чечими чыкты. Калгандары каралып атат. Чүй облакимиятынын гаражы да кайра кайтарылып алынды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын биринчи орунбасары Сүйөркул Бакиров Жогорку Кеңеш 2004-2006-жылдардын менчиктештирүү программасын алигиче бекитпей келаткандыгына нааразы.

Ал эми Жогорку Кеңеш депутаты Султан Урманаев 2004-2006-жылдардын менчиктештирүү программасынын бекитилбей келатканынын жүйөлүү себептери бар деп эсептейт:

- Бул программаны өткөндө комитетте караганбыз. Өтө татаал маселелер бар анда. Энергетиканы, телекомду менчиктештирүү сыяктуу. Ал программаны бекитип, ырыстуу нерселерибизди бүт сатыкка коюп салсак – таптакыр куржалак калбайбызбы? Аларды сатууга мен дагы каршы болуп атам. Тиешелүү жооп берилет жакында.

Султан Урманаев, эл-журт күткөндөй, Акаев доорундагы менчиктештирүү маселелерин толук текшерип чыгууну жактайт:

- Реприватизация дегенге мен өзү каршымын. Бирок туура эмес менчиктештирилген нерселер жайнап жатпайбы! Ошолорду толук ордуна коюш керек! Болбосо, эл эмнеге ыңкылап жасады эле?!

ЭКИ ЖҮЗДӨН АШУУН КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫ КАЗАКСТАНДАН КҮЧ МЕНЕН ЧЫГАРЫЛДЫ

28-ноябрда Өкмөт үйүнүн алдына Казакстандын Алматы шаарында иштеп жүрүп, аталган өлкөдөн күч менен чыгарылган кыргызстандык 50дөй эмгек мигранттары нааразылык акциясына чыгышты. Алардын айтымында, Казакстандын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аларды алгач убактылуу кармоочу жайга камашып, андан соң Кыргызстанга демпортациялап салган. Кыргыз мигранттарынын Казакстанда үч ай бою жашоого уруксаты болгон. Бирок ага карабастан алардын паспортторуна «депортацияланган» деген мөөр басышкан. Учурда кыргыз тарап бул маселе боюнча казак бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

28-ноябрга караган түнү Казакстандан бардыгы болуп 215 кыргызстандык эмгек мигранттары депортацияланган. Өкмөт үйүнүн алдына чогулган эмгек мигранттарынын айтымында, 27-ноябрда эртең менен саат 8 ченде алар иштеп жаткан соода түйүнүнө келишкенде, Алматы шаарынын Жетисуу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргызстандын атуулдарын эч кандай түшүндүрүүсүз эле кармап алышып, кечки саат 6га чейин кармашкан. Чогулгандар өз атын атагандан баш тартышты, бирок окуя тууралуу буларды айтып беришти:

- Эртең менен базарга барганыбызда тартип коргоочулар эч нерсе түшүндүрбөй эле бизди убактылуу кармоочу жайга камап коюшту. Кечки саат 6га чейин отурдук. Бир сындырым нан, суу да беришкен жок. Жадагалса, ажаатканага да жиберген жок. Алар паспортторубузду алып, “депортацияланды” деген мөөр басып салышты.

Чогулгандадын айтымында, мындай мөөр 5 жылга чейин Казакстанга кирүүгө уруксат бербейт.

Ошондой эле депортацияланган кыргызстандыктар Алматыда бойго жете элек, айрымдарынын эмчектеги балдары калгандыгын айтышууда:

- Бала-чакабыз калды. Мисалы менин 3 жаштагы кызым калды. Аны уйгурларга таштагам, эмне кылып жүргөнүн билбейм. Көбүнүн контейнерлери калды, жок дегенде 3-5 миң долларга тете товарлары калды.

Кыргыз эмгек мигранттары “Азаттыкка”билдиришкендей, кармалгандардын арасында боюнда бар аял да болчу. Алар милиционерден боюнда бар аялды кое берүүнү суранышканда, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармалгандардын бирөөсүн башка бөлмөгө алып кирип, сабап салган. Алардын айтымында, казак милиционерлер Кыргызстандан келген эмгек мигранттарынан 10000 тенге сурап, бул сумманы төлөсө милиционерлер аларды кое берээрин убада кылган. Бирок бул акчаны алышкандан кийин аларды бошотуудан баш тартышкан. Кармалгандардын барын автобуска салып, казак-кыргыз чегиндеги Кордай аймагына алып келишкен.

- Биз менен боюнда бар бир жаш келин бар болчу. Милиционерлер аны бир сутка кармашты. Нан, суу да беришкен жок. Биз аны кое берүүнү сурансак, бизди сабап киришти.

Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы миграция жана иш менен камсыздоо боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Айгүл Рыскулованын айтымында, ал бул жагдайды дароо премьер-министр Феликс Куловго кабарлады:

- Премьер-министр Феликс Кулов бул маселе боюнча Казаксатндын премьери менен депортацияны токтотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, телеграмма жиберебиз. Мен да бул маселени чечүүгө Алматыга кетип жатам.

Айгүл Рыскулованын сөзүнө караганда, телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде Казакстандын расмий бийликтери Алматsдагы кыргыздарды Бишкекке кетирүүнүн себептерин аныктоого убада беришкен. Ал эми акыркы маалыматтарга ылайык, Алматы шаарынын жетекчилиги кыргызстандыктардын депортацияланышын алдыдагы президенттик шайлоо менен жана кыргызстандыктар үчүн атайын квотанын жетишсиздиги менен түшүндүрүштү.

Ал эми “Кылым шамы”коомдук бирикмесинин төрайымы Азиза Абдирасулова кыргыз ишкерлерине мындай мамиле Казакстанда боло турган президенттик шайлоого байланыштуу болгон күндө да, бул кадам эл аралык нормаларга туура келбейт деген пикирде:

- Укук коргоочу катары бул маселе боюнча мен азырынча кандайдыр бир баа берүүдөн алысмын, бирок казакстандыктардын мындай мамилеси эл аралык нормаларга жатпайт деп айтат элем. Президенттик шайлоо деп шылтоо кылыш туура эмес. Бизде деле президенттик, парламенттик шайлоолор өттү, бирок биз эч кимди өлкөдөн кууган жокпуз да.

Жогорку Кеңештин депутаты, Миграция боюнча комиссиянын төрагасы Кубанычбек Исабеков “Азаттыкка” билдиригенге караганда, казактардын кыргыз мигранттарына жасаган мындай мамилеси кемсинтүү чегиндеги мыйзамсыз иш:

- Биздин жарандарга эч нерсе айтпай эле, күч менен Казакстандан чыгарып салышыптыр. “Силер кыргызсыңар” деп аларды басмырлашыптыр. Эми бул кыргыз-казак туугандык мамилесине да жарашпаган нерсе деп ойлойм.

Депортациялангандар кыргыз өкмөтүнөн алардын укуктарын коргоп берүүнү суранышууда. Мындан үч жыл мурда, 2002-жылы да Казакстандан кыргыз мигранттары депортацияланып, аларды “КамАЗ” автоунааларына жүктөп, казак-кыргыз чегиндеги чек ара бекетине таштап коюшкан.

ТҮНДҮК ОКРУГУНДА ШАЙЛОО КАНДАЙ ӨТТҮ?

27-ноябрда №20 Аксы жана №8 Түндүк округдары боюнча Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясына 18 чөлкөмдөн түшкөн алдын ала маалыматтар боюнча, Аксыдан 88,61% добуш менен экс-прокурор Азимбек Бекназаров жеңишке ээ болду. Ал эми Түндүк округу боюнча күрөштө талапкер Жаныш Кудайбергенов 52,42% добуш менен алдыга чыкты. Депутаттыкка ат салышкан дагы бир талапкер Роза Отунбаева 28, 22% добуш менен экинчи орунда. Мурунку тышкы иштер министри Роза Отунбаеванын шайлоодо өтпөй калышы коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратты.

№8 Түндүк округу боюнча Жогорку Кеңешке шайлоого Роза Отунбаева, Николай Танаев, Жаныш Кудайбергенов, Бакыт Керимбеков, Мухитдин Рустембеков, Рустам Карагулов жана Талгарбек Момуналиев болуп, баардыгы жети талапкер ат салышты.

Шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзгөн “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Эдил Байсаловдун билдиргенине караганда, Түндүк округундагы шайлоо мыйзам чегинде өттү:

- Албетте, шайлоодо майда мыйзам бузуулар болду. Бирок шайлоонун жыйынтыгына кандайдыр бир таасирин тийгизе турган одоно мыйзам бузуу болгон жок. Биз шайлоо мыйзам чегинде өттү деген жыйынтыкка келдик.

Ал эми Роза Отунбаева атаандашы Жаныш Кудайбергенов шайлоодо ыплас технологияларды колдонуп, алдыга чыкканын билдирди:

- 27-ноябрдагы шайлоо таза өттү дегенден алысмын. Көптөгөн мыйзам бузуулар болду. Ошол эле кошумча тизме боюнча көп мыйзам бузууларды айтса болот. Мындан тышкары административдик ресурстар да колдонулду. Акчанын күчү колдонулду, ошону менен талапкер алдыга чыкты деп айткым келет.

Көп добуш топтоду делип жаткан Жаныш Кудайбергеновдун шайлоо штабынын жетекчиси Табылды Орозалиев шайлоонун жүрүшү тууралуу буларды айтты:

- Шайлоодо ыплас технологиялар колдонду деп айтсам жаңылышпайм. Ошол эле киши ташуу, “Акипресс” агенттигинде Жаныш Кудайбергеновду жамандоону мисал катары айтсак болот. Шайлоо күнүндө бейөкмөт уюмдар Роза Исаковнанын пайдасына иштеп жатышканы ачык көрүнүп турду.

Бейөкмөт уюмдар менен катар шайлоонун жүрүшүнө Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү да байкоо жүргүзүштү. Акыйкатчынын орун басары Мамат Момунов шайлоо бир катар майда мыйзам бузуулар менен коштолгонун, бирок шайлоонун мыйзамдуулугуна шек келтире турган одоно мыйзам бузуу фактылары катталбаганын айтты:

- Биз да башка өкмөттүк эмес уюмдар менен бирге шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүздүк. Ири мыйзам бузуу болду деген маалымат жок. Шайлоонун мыйзамдуулугуна шек келтире турган мыйзам бузуу деле катталган жок.

Мурунку тышкы иштер министри Роза Отунбаева элчи болуп жүргөн кезде “өлкө ичинде 5 жыл жашаган жок” деген себептен улам ушул жылдын февраль айында өткөн парламенттик шайлоого катышпай калган. Акыйкатчынын орун басары Мамат Момунов Роза Отунбаеванын бул шайлоодо алдыга чыкпай калгандыгынын себеби - анын шайлоо алдында уюштуруу иштеринин начар болгондугунда деген пикирде:

- Роза Исаковнанын өтпөй калышы - анын шайлоодогу уюштуруу иштеринин начар болгондугунда деп ойлойм. Анын командасынын шайлоодо үгүт иштерин жүргүзүүдө тажрыйбасы жоктой сезилди.

Роза Отунбаеванын депутаттыкка өтпөй калышына өлкө жетекчилиги өзү кызыкдар болду, дейт Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов. Анын айтымында, азыркы бийлик коррупцияга каршы күрөшүмүш гана болуп жатат. Кылмыш дүйнөсүнүн башында тургандар мамлекеттик саясий чечим чыгарууда таасирин тийгизип жатышат, анын кесепетинен өлкө жетекчилиги чыныгы революционерлерден арылууда, дейт депутат Кубатбек Байболов:

- Кайсы бийлик өзүнүн оппоненттерин жакшы көрсүн. Албетте жакшы көрбөйт. Отунбаеванын парламентке да, өкмөткө да өтпөй калышында өзүнүн себептери бар. Ал эми Беканзаровго болсо бийликтин алы жеткен жок.

28-ноябрь эртең менен Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган маалыматтар боюнча, Түндүк шайлоо округунан депутаттыкка ат салышкан Николай Танаев - 3,14%, Мухитдин Рустенбеков - 0,57%, Рустам Карагулов - 8,43%, Бакыт Керимбеков - 1,46%, Талгарбек Момуналиев - 2,31% добушка ээ болду. 29-ноябрда БШК Түндүк чөлкөмүндөгү шайлоонун жыйынтыктарын ырасмий жарыялайт.

ЖАҢЫ ПАРТИЯ, ЖАҢЫЛАНЧУ КОНСТИТУЦИЯ, КВОРУМУ ЖОК ПАРЛАМЕНТ

Кыргызстан Конституциясын бешинчи ирет жаңылоо аракети ушу тапта күч алып, маалымдоо каражаттарында элдин пикири байма-бай жарыяланууда. Айтылуу коомдук-саясий ишмер Исхак Раззаковдун Москвадагы бала-чакасынын абалы оор. Пентагон менен А. Акаевдин үй-бүлөсүнүн ортосундагы миллиондогон акчалар кайда? Парламентке кимдер шайланды?

Шайлоо демекчи, Бишкектин Түндүк шайлоо аймагынан парламент депутаттыгына өткөн Жаныш Кудайбергеновдун тууган-уругу, демек, колдоочулары көп экенин бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов билдирди. Анын маалымат жыйынында айтылган кеп-сөздөр 29-ноябрдагы «Аалам» гезитинде жарыяланды.

Ушул эле басылмада парламент депутаты Мурат Жураевдин маеги жарыяланган. Анда эл өкүлү Лейлек, Баткен жергесиндеги чек ара түйшүгү, айылдык элдин каттоосу такай толгон-токой кыйынчылыктар менен өтөрүн маалымдаган.

Ал эми парламенттин иши кийинки кездери кворум жоктугунан абыдан аксап, көп мыйзам долбоорлору каралбай, маанилүү расмий документтер кезек күтүп, создуктурулуп келатканы «Ааламдын» жаңы санындагы Кенжебек Арыкбаевдин «Гиннеске кирчү «жомок» деген макаласында баяндалган.

Парламент депутаты Маамытбай Салымбеков ишкердикке шарт түзүп берүү, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү тууралуу ушул эле гезитте окурмандар менен ой бөлүшкөн.

Мыйзам чыгаруу бийлигинин саясий оюну тууралуу шаршембидеги «Кыргыз туусу» гезитинде журналист Калил Жамгырчиев ой жүгүрткөн. Автордун ырасташынча, парламент көбүнесе азыркы өкмөт башчыны колдоп, президент сунуш кылган талапкерлерди өткөрбөй коюуда. Ортодо саясий оюндун ышкысы күчөп, элдин бийликке деген ишеними азаюуда.

Гезитте Конституциялык өзгөрүүлөргө карата элдин пикир, сунуштары, айыл өкмөттөрүн шайлоо тууралуу материалдар топтому да жарыяланган.

Конституция реформасы, президент К. Бакиевдин пикирин өзгөрткөндөн кийин Конституциялык сотту Жогорку сотко кошуу идеясын жактоочулардын катары кыйла азая түшкөнүнө 29-ноябрдагы «МСН» гезитинде Вячеслав Тимирбаев токтолгон. Адам укугун коргой албаган, мурдагы президенттин бийлик мөөнөтүн узартып бергенден башкага жарабаган Конституциялык соттун калышынын канчалык кажаты бар, деп суроо коет макала автору.

В. Тимирбаевдин ырасташынча, жаңы дайындалган башкы прокурор мурда сүрмөтоп жыйындарды өткөрүү, нааразылык билдирүүлөрдү бир жыл бою токтото туруу жөнүндө сунуш кылып келсе, жакындан бери көпчүлүктүн жүүнүн бошотчу сүрөттөрдү жарыя кылуу туура эместигин айтууга өттү.

Парламент депутаты Мурат Жураевдин «Эл үчүн күйгөн И. Раззаков, айтылуу 6-пленум, кызынын кейиштүү абалы» деген макаласы 29-ноябрдагы «Агым» гезитинде жарыяланды. Исхак Раззаковдун Москвадагы кызы менен жолугушканын баяндап, депутат М. Жураев мындай деп жазат: «Эженин айтымында И. Раззаков атындагы фонддон эч кандай колдоо болбоптур. Кыргыз өкмөтү тарабынан чегерилген, айына 2500 сом өлчөмүндөгү жөлөк пул да 2003-жылдан бери берилбей калыптыр. Москвадагы кыргыз элчилиги тарабынан деле эч кандай колдоо, абал сурамай жок».

Өткөн аптанын маанилүү саясий окуяларынын бири «Демократиялык күчтөр биримдиги» партиясынын түзүлгөнү болду. К. Байболовдун жаңы партия түзгөнү айрымдарды кооптондуруп койду, деп белгилейт А. Айдаралиев «Агым» гезитиндеги «Баа! Бакиевдин башын Байболов оорутабы?» деген макаласында. «Демкүчтөрдүн» жетекчиси жаңы бийликке конструктивдүү оппозицияда экенин билдирген.

Пентагон менен А. Акаевдин үй-бүлөсү кантип табакташ болуп, миллиондогон акчаларды салыкка төкпөй, майкөл-сүткөл жашагандыктары, талаштуу иштин тактыгы дагыле чечиле электиги Семетей Талас уулунун «Пентагон+үй-бүлө=коррупция» деген «Аалам» гезитиндеги макаласында баяндалган.

МЕКТЕПТИ ТАШТАГАН МУГАЛИМДЕР ЖЫЛ САНАП КӨБӨЙҮҮДӨ

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мектептеринде расмий маалымат боюнча 2267 мугалим жетишпейт. Расмий эмес маалымат боюнча, жетишпеген мугалимдердин саны андан алда канча көп. Ошол эле кезде Кыргызстанда эң көп даярдалган адистиктер да – мугалимдер. Анан эмне үчүн алар мектептерде жетишпейт?

Билим берүү министри Досбол Нур уулу бул багыттагы проблеманын бири катары, Кыргызстандын мектептерин таштап, Казакстандын мектептеринде иштеп жаткан мугалимдер туурасында сөз кылды:

- Айрыкча Чүйдө, ушу Бишкектин тегерегинде мугалимдер жетишпейт. А көрсө, коңшулаш Казакстанда мугалимдерге бизден он эсе көп айлык бергендиктен, мыкты мугалимдер бүт ошол жакка ооп кетип атышыптыр. Барып-келип иштешет экен алар. Такси менен катташса да, калган акчалары үй-бүлөлөрүн бакканга кеңири жетишет экен.

Ал эми Ош облусундагы мектептердин мугалимдерге байланыштуу проблемалары тууралуу Ош облустук билим берүүнү координациялоо башкармасынын төрайымы Гүлайым Машрапова
буларды айтты:

- Ош облусу боюнча, бүгүнкү күндө 74 мугалим жетишпейт. Пенсияга чейинки мугалимдердин мектептерден кетүү агымы дале уланып келүүдө. Мисалы, облус боюнча, быйылкы эле жылы 197 мугалим иштен чыгып кетти. Алардын ичинде Карасуудан 30 мугалим, Каракулжадан 38 мугалим, Ноокаттан 48 мугалим, Өзгөн районунан 67 мугалим, Өзгөн шаарынан 12 мугалим бар. Мугалимдердин кетүү себептерин жашыруунун кереги жок. Социалдык абалынын начардыгынан, эмгек акыларынын аздыгынан кетип жатышат.

Гүлайым Машрапова ошол эле кезде облус мектептерин мугалимдер менен камсыздоо аркеттерине токтолду:

- Мугалимдердин ушундай кетүү агымынын күчтүүлүгүнө байланыштуу биз үч жылдан бери Ош шаарында жайгашкан жогорку окуу жайлардын педагогикалык факультеттеринин бүтүрүүчү курстарынын эң мыкты студенттерин мектептерде мугалим-экстернат катары иштетүүгө ык алганбыз жана аларды ошол боюнча ордуларында иштетип, кармап калууга аракеттенүүдөбүз. Болгондо да алыскы, тоолуу аймактарда иштешет алар.

Билим берүү министринин кадрлар секторунун башчысы Алтынай Мамикеева Кыргызстандын мектептерине жаңы кадрларды жиберүү жаатында буларды кошумчалады:

- Быйыл региондордон 3372 жаш кадрга сураныч түштү. А министрликтен 1920 бүтүрүүчүнү бөлүштүрдүк. А региондорго 2024 бүтүрүүчү барып иштеп атат. Сандардын мындай айырмалуу болушунун себеби бар. Биз бюджеттик группадагыларды гана бөлүштүрөбүз. Контракттык группадагыларды бөлүштүрүүгө акыбыз жок. Алар эркин диплом алышат. Жогоруда көрсөткөндөй, каалагандары барып, мектептерде иштеп атышат. Бизге толуктоо болууда. Бизде эки жылдан бери “Жаш мугалимдин депозити” деген программа да иштөөдө. Ал программа боюнча быйыл 300 мугалим бөлүштүрүлдү. Алар жиберген жерге барып 3 жыл толук иштесе 72 миң сом кошумча акы алышат. Үч жылга жетпесе кошумча акысы берилбейт.

Ушундай аракеттер жүрсө да мугалимдер жетишпей келет. А Кыргызстанда кандай жол менен мектеп мугалимдерин толук камсыз кылуу мүмкүн экендиги жөнүндө билим берүү министри Досбол Нур уулунун ою мындайча:

- Мугалимдерди кайра кайтарыш үчүн, балдарга мыкты билим бериш үчүн , демек, эртеңки Кыргызстандын келечегине кам көрөбүз десек, мугалимдердин айлыгын сөзсүз жок дегенде эки-үч эсе, андан да ашык көтөрүш керек. Ошондо гана биз Казакстандан, Орусиядан мыкты мугалимдерибизди кайтарып алабыз. Менин терең ишенимим ушундай.

ЭКИ ОКРУГДА ШАЙЛОО АЯКТАДЫ: АКСЫДАН А.БЕКНАЗАРОВ АЛДЫДА

27-ноябрда №20 Аксы жана №8 Түндүк округдары боюнча Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов 28-ноябрда эртең менен "Азаттыкка" берген интервьюсунда айтканга караганда, Аксыдан 88,61% добуш алып, мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров алдыга чыкты. БШК төрагасынын алдын ала берген маалыматы боюнча Түндүк округунан талапкер Жаныш Кудайбергенов 52,42% добуш топтогон, экинчи орунда мурдагы Тышкы иштер министри Роза Отунбаева. Ал, БШКдан алынган алдын ала маалыматтар боюнча, 28,22% кол топтогон.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов №Түндүк округунда майда гана мыйзам бузуулар катталды дегени менен, талапкер Роза Отунбаеванын штабы Жаныш Кудайбергенов шайлоодо ыплас технологияларды колдонгонун айтып, добуш берүүнүн мыйзамдуулугуна күмөн санаганын билдирип жатат. Атап айтканда, Жаныш Кудайбергеновдун штабы шайлоочуларды унаа менен добуш берүүчү жайларга ташыганын жана эң негизгиси - үгүт иштери башталганга чейин эле шайлоочуларды колго алып койгонун айтууда. Жаныш Кудайбергеновдун штабы мындай дооматтарды четке кагып жатат.

Интербилим коомдук уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева айтымында, №Түндүк шайлоо округундагы шайлоо комиссиялардын билермандары дагы Жаныш Кудайбергеновго тымызын жан тартып жатканы көз көрүнөө. Өз кезегинде Ж.Кудайберновдун жактоочулары башка талапкерлер да жөн жатпаганын айтып, дооматтарын алдыга жайып жатышат.

Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган маалыматтар боюнча, Түндүк шайлоо округунан депутаттыкка ат салышкан башка талапкерлер төмөндөгүдөй кол топтогон: Н.Танаев - 3,14%, М.Рустенбеков - 0,57%, Р.Карагулов - 8,43%, Б.Керимбеков - 1,46%, Т.Момуналиев - 2,31%.

МАДАНИЯТ КҮНДӨЛҮГҮ

“Маданият күндөлүгү” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышынан сиздер “Кыз Бурак” тобунун ырчысы Кенже Дүйшеева менен ушул жумада өтө турган концерти жана топтун чыгармачылык иштери туурасында болгон маекти тыңдайсыздар. Мындан сырткары апта ичинде болуучу маданий окуялардын топтомун тартуулайбыз. Берүүнү кабарчыбыз Айжан Шаботоева алып барат.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАШТАР АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ФИНАЛЫНДА ОЙНОЙТ

28-ноябрда Бишкекте футбол боюнча 2006-жылы Индияда өтчү Азия чемпионатына иргеп алуу мелдештеринин 1-этабынын күч сынашуусунда Кыргызстандын жаштар командасы Непал өлкөсүнүн футболчуларын 2:0 эсебинде жеңип, финалдык бетешүүлөргө укук алды.

Кыргызстан эгемендүү болгону жаштар командасы Азия чемпионатынын финалдык мелдештерине жолдомо алган эмес. Өлкөнүн 19 жаштагы футболчулары Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн иргеп алуу этабында Бутан, Непал мамлекеттери менен бир топко бөлүнгөн. Бутан өлкөсүнүн футболчулары мелдешке катышуудан баш тарткандыктан Непалдын футболчулары менен биринчи беттешүү 22-ноябрда Катманду шаарында болгон. Непалдын “Дашрат” стадионунда өткөн бул таймашууда Кыргызстандын жаштар командасы 1:0 эсебинде жеңип алышкан. Өлкөнүн мыкты футболчусу аталган Эмил Кенжесариев 38-мүнөттө эсепти ачып, Кыргызстанды алдыга сүрөгөн. Жооп иретиндеги экинчи оюн 28-ноябрда Бишкектеги “Спартак” стадионунда өтүп, беттешүүнүн 14-мүнөтүндө кыргызстандык жарым коргоочу Павел Сидоренко эсепти ачып, топту дарбазага таамай багыттады.

Биринчи таймда кыргызстандык жигиттер артыкчылык кыла баштаганын, жакшы оюн көрсөткөнүн “Заман Кыргызстан” жумалыгынын футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиев белгиледи:

- Чынында кыргызстандык футболчулар абдан мыкты оюн көрсөттү деп айтуу ашыкча болоор. Себеби, непалдыктар анча жакшы атаандаш болуп, каршылык көрсөтө алган жок. Бирок футболчулар Кыргызстандын жаштар командасынын машыктыруучу Загид Валиев койгон талаптарды так туура аткара алды. Ошондой эле өз талаасында ойногондугу жана күйөрмандар дем берди.

Бишкекте күн сууктап кеткендиктен, мындай шартка көнбөгөн непалдыктар абдан жүдөштү. Алардын техникалык даярдыктары дурус болгону менен, эч кандай оюн көрсөтө алышкан жок.

Кыргызстандын жаштар команданын чабуулчусу Илдар Амиров оюндун экинчи таймында эсепти 2:0 кылып, дарбазага таамай тээп, непалдык дарбазачы Сангит Раджак топту тосо алган жок. Кыргызстандык футболчулар бир нече ирет ыңгайлуу учурду пайдалана алышпады.

Кыргызстандын жаш футболчулардын келечеги кеңдигин, башка өлкөлөргө жибербей аларга шарт түзүп берүүнүн зарылдыгын Жогорку Кеңештин депутаты, футбол ардагери Аскар Салымбеков белгиледи:

- Негизинен жаштар футболуна өзгөчө көңүл буруш керек. Стадиондун таблолорун, жабдууларын жаңыртып, мурдакыдай футболдук мелдештерди рекламалап, күйөрмандарды кызыктыруу зарыл. Кыргызстанда футбол номер биринчи спорт болуп келген. Ошол деңгээлди кайрадан калыбына келтирүү керек. Кийинки он жылда футболдун деңгээли төмөндөп кеткенин да моюнга алуу керек. Бул мелдеш Кыргызстанда футбол кайрадан жанданып келатканын көрсөттү. Жаштардын чет өлкөлөргө кетип калуусун токтотуп, аларга шарт түзүп берүү зарыл.

Непалга мындан 25 жыл мурда “Алга” командасы менен барып, утуп келишкенин, алар кийинки учурда футболго абдан көңул буруп жатышканын, жаштарынын чеберчилиги жогору экенин “Алга” ардагерлер клубунун жетекчиси Алмаз Чокморов айтты:

- Негизинен бүгүнкү оюнда кыргызстандык чабуулчулар Эмил Кенжесариев, Илдар Амиров, Сардарбек Аскаров оюндун жүрүшүн башкарып, дирижерлук кылып турушту. Бирок Непалда футболго өтө зор көңул бурулууда. Бүгүн утканыбыз менен келечекте алардын жаштарына теңелүү кыйын болчудай. Байкашымча, алардын техникалык чеберчилиги жогору экен.

Кыргыз футболунун чыныгы жүзү эмки жылы Индияда өтө турган Азия чемпионатынын финалдык таймаштарында көрүнөөрүн, финалдык топто кайсы мамлекеттерге туш болоору азырынча белгисиз экенин өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиев билдирди.

Футбол күйөрмандарынын эсине сала кетели, мындан 2 жыл мурда дагы Непалда Кыргызстандын улуттук тандалма командасы Азия кубогунун иреп алуу мелдешинде непалдыктарды 2:0 эсебинде утуп алышкан. Ошондой эле Азия футбол федерациясынын президентинин кубогунун таймаштарында Нарындын “Дордой“ командасы Непалдын чемпиону “Три старс “ командасын 4:3 эсебинде жеңип алган. Ал эим 17 жашка чейинки уландардын Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн иргеп алуу беттешүүсүдө Кыргызстандын уландары Катманду шаарында непалдыктарга 2:1 эсебинде жеңилип, кийинки этапка чыкпай калышкан. Уландардын каталыгын жаштар командасы оңдоп Азия чемпионатынын финалдык таймашууларына жолдомо алышты.

ТҮНДҮК ОКРУГУНДА ШАЙЛОО ТАЗА ӨТТҮБҮ?

Канат Субакожоев, Бишкек 27-ноябрда Бишкек шаарында жайгашкан № 8 Түндүк шайлоо чөлкөмүндө Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо болуп өттү. Бул чөлкөмдө шайлоо башталганга чейин эле талапкерлер ортосунда күрөш курч болуп, шайлоо өнөктүгүн соттук териштирүүлөр коштоп, ар кандай мыйзам бузуулар, талапкерлер бири-бирине ыплас технологияларды колдонгону айтылып келген. Ушундан улам, байкоочулар бул чөлкөмдө таймаш бир топ курч болоорун боолголоп келишкен. Бирок добуш берүүдө майда-чүйдө мыйзам бузууларды эске албаганда, олуттуу мыйзам бузуулар байкалбаганы айтылууда.

Аталган чөлкөмдөн март окуясына чейин болгон шайлоодо, Жыргалбек Сурабалдиев депутат болуп шайланган. Бирок ал 10-июнда белгисиз бирөөлөрдүн колунан каза тапкан соң, кайра шайлоо жарыяланган. Бул жолку шайлоодо Роза Отунбаева, Николай Танаев, Жаныш Кудайбергенов, Мухитдин Рустембеков, Рустам Карагулов, Бакыт Керимбеков жана Талгарбек Момуналиев аттуу жети талапкер ат салышты.

Шайлоонун жүрүшүндө майда-чүйдө мыйзам бузуулар орун алганын “Демкоратия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын байкоочусу Төлөнбүбү Токтакунова мындайча белгилейт:

- Жалпысынан майда-чүйдө мыйзам бузуулар болду. Мисалы, эшиктен кирип келаткан шайлоочуларды, айрым талапкерлердин өкүлдөрү ары чакырышып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

“Интербилим” борборунун шайлоодогу байкоочусу Майрам Жунушованын пикиринде, участкалык комиссиянын кызматкерлери ишин толук кандуу аткарууга үлгүрбөй жатышты:

-Участкалык комиссиянын өкүлдөрү шайлоочулар көп келип калган мезгилдерде ишин толук кандуу аткарууга үлгүрбөй калышты. Андай учурларда байкоочулар өз кеңештерибизди берип жаттык.

Талапкер Жаныш Кудайбергеновдун Талант аттуу ишенимдүү адамы шайлоочуларды бир участкадан экинчисине ташуу болгонун айтты:

- Шайлоочуларды бир участкадан экинчисине ташып жаткан унаалардын баары Роза Отунбаевага таандык. Ал машинелердин номурларын биз жазып алдык. Өзүбүз тараптан болсо, эч кандай мыйзам бузган иш-аракеттер жасалган жок.

Роза Отунбаеванын тарапкери Марат Исманалиев болсо Кудайбергенов түндүк чөлкөмүн өзүнүн менчигине айландырып алган дейт:

- Мыйзам бузуулар бул чөлкөмдө эчак эле башталган. Кудайбергенов түндүк шайлоо чөлкөмүн өзүнүн менчигине айландырып алганы белгилүү. Алар машине менен шайлоочуларды участкаларга ташып жүрүштү. Бармакка белги койгону менен, ал деле жардам бербейт экен. Мисалы, бир эле адам эртең менен боз чапан кийип келсе, түштөн кийин көк чапан кийип алып, кайра шайлап чыгышты.

№11-39 шайлоо участкасынын төрагасы Султан Калыгулов шайлоо мыйзам чегинде өткөнүн баса белгиледи:

- Биз баардык ишибизди мыйзамдын чегинде гана жүргүздүк. Эшикте элдерди унаа менен участкаларга ташып жүрүшкөнүн көзөмөлдөй албайбыз. Себеби, биз участкадан сыртка чыгууга укугубуз жок. Айрым талапкерлердин өкүлдөрү бармакка белги койууда силер жардам бербей жатасынар деп, туура эмес күнөөлөп жатышат.

27-ноябрь кечки саат сегизден өткөндө алынган маалымат боюнча, №8 Түндүк шайлоо округу боюнча 13 миң 827 шайлоочу же шайлочулардын 42,5 пайызы добуш берүүгө катышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Алардын маалыматына караганда, добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча алгачкы маалыматтар 28-ноябрда эртең мененки саат сегизде берилет.

АКСЫДАГЫ ШАЙЛОО

Ырысбай Абдыраимов, Аксы Шайлоо кодексинде көрсөтүлгөндөй, № 20 Аксы шайлоо округунда саат кечки сегизде добуш берүү мөөнөтү аяктады. Учурда аймакта участкалык кырк шайлоо комиссиясы бюллетендерди санап жатышат. Эки талапкердин кимиси уткандыгы жөнүндөгү жыйынтык түн жарымында чыгышы ыктымал. Шайлоонун жүрүшүнө бийлик өкүлдөрү кийлигишпестен, жарандар өз ойлорун эркин билдиришти.

Тоо адырлары ак кар жамынган Аксы аймагынын шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү бюллетень салынган үкөктөрдү ачышып, учурда депутаттыкка талапкерлер Азимбек Бекназаров менен Досалы Иманбердиевдин кимиси канча добуш алганын эсептешүүдө. Мурда кабарлангандай, Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо аймакта тынч мүнөздө жана мыйзам бузууларсыз өттү. Бешим ченде № 317 Мукур шайлоо комиссиясы ар түрдүү себептер менен шайлоо өткөн жерге келе албаган он жети адамдын арызын канааттандырды. Жүйөөлүү себептүү адамдар байкоочулардын көз алдында үйлөрүндө добуш беришти.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Зулумбек Төрөбековдун баамында, шайлоочулар саясий кампаниялардан тажап калышкандай:

- Шайлоочулардын аз болушу шайлоолор өтө берип, алар кандайдыр бир чарчагандай, тажап калгандай көрүнүп турат. Андан башка кыш мезгили да себеп болуп жатса керек. Мурда шайлоочуларга кандайдыр бир таасирлер болгондур. Бул сапар ушунчалык эркиндик, демократия болуп, шайлоочулардын ою менен, эрки менен болуп жатат.

Аймактык шайлоокомдун башчысы добуш берүүгө алдын ала маалыматтар боюнча, 39685 шайлоочунун 47 пайызы катышкандыгын маалымдады.

«ДЕМОКРАТИЯЛЫК КҮЧТӨР БИРИМДИГИ» БИЙЛИККЕ ОППОЗИЦИЯДА БОЛОТ

Кыргызстанда «Демократиялык күчтөр биримдиги» деп аталган республикалык жаңы саясий партия түзүлүп, анын уюштуруу жыйыны 27-ноябрда Бишкекте өттү. Курултай бекиткен саясий кеңештин курамына Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов, Борбор Азиядагы Америка университетинин вице-президенти, элчи жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бакыт Бешимов, ишкер Өмүрбек Абдрахманов баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер киришти.

«Демократиялык күчтөр биримдиги» саясий партиясы азыркы бийликке конструктивдүү оппозицияда болуп, экономикалык, соттук, конституциялык радикалдуу реформаларды жактырат. Башкаруунун парламенттик формасын жактайт, бирок кезексиз парламенттик шайлоо коомду дестабилдештирет деп эсептеп, мындай демилгени колдобойт. Саясий партия коррупцияны жоюу, жашоо-турмушту түп-тамырынан бери өзгөртүү максаты менен бийликти кулаткан элдин мүдөөсү акталбай, революцияга мүнөздүү болгон радикалдуу аракеттер жасалбай жатат деп эсептейт. Курултайдагы башкы доклад мына ушундай мазмунду камтыды.

Кабыл алынган резолюцияда саясий партия өлкөнүн саясий-экономикалык өнүгүшүнүн 25-30 жылдык стратегиялык планын түзүү, өлкөнүн реалдуу өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп чыгуу, эл аралык уюмдар менен тышкы карыздарды жоюу, кошумча инвестицияларды алуу үчүн натыйжалуу сүйлөшүүлөргө жетишүү максаттары айтылды.

«Демократиялык күчтөр биримдиги» Кыргызстандагы башка саясий партиялардан өзгөчөлүгү катары анын башка партиялар менен бир багытта кызматташууга реалдуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгилеп жатат. Бул тууралуу партия лидери Кубатбек Байболов буларга токтолду:

- Биз биртоп партиялар менен алдын ала макулдаштыгыбыз бар. Мындан ары өлкөдө кеңири демократиялык коалиция түзүү аракети башталат. Буга чейин да сүйлөшүүлөр болуп келген. Менин оюмча, жылдын аягына чейин же келерки жылдын башында бул коалицияны түзүүгө жетишебиз.

Курултайда блок түзүү ыктымалдыгы бар партиялардын аттары расмий аталган жок. Бирок Социалисттик «Атамекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев, «Социал-демократтар» партиясынын төрага орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов, «Менин өлкөм» саясий партиясынын координаторлорунун бири Табылды Эгембердиев конок катары катышты. Алар коомчулукка көз карандысыз саясатчы катары таанымал, Жогорку Кеңештин таасирдүү депутаттарынын бири Кубатбек Байболов баштаган топтун партия түзүп жатышын коомдук-саясий турмуштагы зарылчылык катары баалашты.

Депутат Мелис Эшимкановдун пикиринде аталган партиянын түзүлүшү салмактуу партиялардын заманы келаткандыгынан кабар берет:

- Булар эми байлыгы бар адамдар да. Социалдык базасы бар. Орусча айтканда, булардын жоготору бар. Ошондуктан, алар башын канжыгага байлап, мындан аркы жашоо бүгүнкүдөй болбошу керек деп, экономикалык, саясий программа менен чыгып атышпайбы, мына курултайда парламенттик республикага барышыбыз керек дешпедиби. Ушул өңүттөр абдан чоң үмүттөндүрөт.

Мелис Эшимканов ошондой эле Орусиянын бириге албай калган «Прогрессивдүү күчтөр биримдиги» блогунан айырмаланып, Кыргызстанда карылуу бир катар саясий партиялардын бир блокко баш кошоруна да ишенет. Ал эми жаңы партиянын лидери Кубатбек Байболов партиялар баш кошо албай калуу кооптуулугун да жокко чыгарбайт:

- Кыргыздын саясий сахнасында, саясий амбиция Россияныкынан кыйла көбүрөөк. Ошондуктан андай коркунучтар бар. Бирок азыр мезгил муну талап кылып жатат. 64 партия өз алдынча эч кандай ийгиликке жете албайт.

Жалпы кызыкчылыктары төп келген партиялардын коалицияга биригип, кызматташуу зарылдыгын курултайга чакырылган саясий лидерлер да «Азаттыктын» суроолоруна берген жоопторунда белгилешти.

Буга чейин 20га чукул саясий уюмдар блокко кошулуп жаткандыгын оңчул маанайдагы партиялар кабарлашкан. Алар «Демократиялык күчтөр биримдигинен» айырмаланып, жаңы бийликтин саясатын жакташат. Ошол курамдагы партиялардын бири Топчубек Тургуналиев жетектеген «Эркиндик» саясий партиясы болсо парламенттин чукул таркатылып, июнь-июль айларында парламенттик кезексиз шайлоо өткөрүү маселесин коомчулукка курч коюп келатат.

Адилет министрлигинин акыркы маалыматтарына караганда, «Демократиялык күчтөр биримдигин» кошкондо 65 саясий партия каттоодо турат. Эгемен Кыргызстанда саясий уюмдарды түзүү аракеттери 1990-жылдардын башында «Эрк» саясий партиясынан башталган. Бирок байкоочулар өткөн 15 жыл ичинде түзүлгөн партиялардын ичинде жаратман партия катары өзүнүн кудуретин бир да партия далилдей электигин белгилеп келишет.

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ

Белгилүү обончу, аткаруучу маркум Чубак Сатаевди эскерүү концерти өттү. Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов 60 жылдык мааракесин белгиледи. Кинорежиссер Эрнист Абдыжапаровдун “Айыл өкмөтү” аттуу тасмасы Марокконун Марракеш шаарында өткөн бешинчи эл аралык фестивалда баш байгени жеңип алды.

Аптанын дүйшөмбү, шейшембисинде обончу жана аткаруучу, маркум Чубак Сатаевди эскерүү концерти өттү. Бул эскерүү концерт алгач маркумдун туулуп өскөн жери Таласта Чубак Сатаевдин бирге иштешкен кесиптештери, анын жолун улантып келе жаткан бир тууганы жана жергиликтүү өнөрпоздордун катышуусунда октябрь айында өткөн. Таластан башталган “Кыргызымдын Чубагы, 45ке чыккан курагы” деп аталган программа Бишкекте 3 күнгө созулду. Мына ушул үч күн бою Кожомкул атындагы спорт ордосунда маркумдун ырлары жаңырып, обончунун обондорун мыкты аткарган ырчыларга конкурс уюштурулду.

Концерттин уюштуруучусу, Чубак Сатаевдин уулу Кубанычбек Сатаевдин айтымында бул концертти өткөрүүнүн негизги максаты - атасынын ырларын өчүрбөй элдин эсине салуу жана эл ичинен чыккан ырчылардын таланттарын өстүрүү:

- Артында из калтырып, мына ушундай чыгармаларды жаратып кеткен атамдын ырларын өчүрбөй, элдин эсине салып, ошону менен бирге эл ичинен чыккан таланттарды өстүрүү максатында бул концертти өткөрүп жатабыз.

Келечекте мен да атамдын жолун жолдоп, “Чубак ” деген топту уюштурам. Маркум атамдын мурастарын элге жайылтам деген тилегим бар, деп кошумчалады Кубанычбек Сатаев.

***

Жума күнү кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун 60 жылдык юбилейи белгиленди. Ага карата Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиев куттуктоо жөнөткөн. Ал куттуктоону президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев окуп берди:

- Урматтуу Анатай мырза! Сизди кутман курак 60жашка чыгышыңыз менен ак дилден куттуктайм. Сиздин түйшүктүү изденүүдөн жаралган ырларыңыздан эл-жериңизге болгон таза сезимиңиз, сөздүн касиетин баалай билгендигиңиз, акындыктын салтын бузбай, дайыма жүрөгүнүздөгү чындыкты жазганыңыз көрүнүп турат. Келечекте Атажуртуңузга албан чыгармаларды тартуулашыңызга тилектешмин. Сиз үчүн өмүр, ден соолук, үй-бүлөдөгү бейпил бакытты калоо менен Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиев.

Бул кечеде акынга айтылган каалоо-тилектер менен бирге анын сөзүнө жазылган ырлар да жаңырды. Кеченин соңунда Анатай Өмүрканов жаңы ырларын окуп берди.

***

Кинорежиссер Эрнист Абдыжапаровдун “Айыл өкмөтү” аттуу тасмасы Марокконун Марракеш шаарында өткөн бешинчи эл аралык фестивалда баш байгени жеңип алды. Бул сыйлыкты режиссерго италиялык актриса Моники Беллучи тапшырган. Ушул эле фильм менен Эрнист Абдыжапаров Минск шаарында өтүүчү кинофестивалга жөнөп кеткен. Сөз болуп жаткан бул тасмада Советтер союзу кулагандан 10 жыл өткөндөн кийинки кыргыз айылдарынын жашоо тиричилиги чагылдырылган.

Бул көркөм фильм буга чейин да көптөгөн кинофестивалдарга катышкан. Алардын бирин алсак, ушул жылдын октябрь айында эле Астана шаарында өткөн “Евразия” аттуу кинофестивалда көрүүчүлөрдүн сынына коюлган. Ал эми 2-ноябрда Швейцарияда “Айыл өкмөтү” тасмасынын бет ачары болгон.

2006-жылдын жаз айларында Эрнист Абдыжапаров “Боз салкын” аттуу лирикалык комедиясын тартып баштайт. Ал эми бул фильмдин долбоору Түштүк Кореянын Пуссан шаарында өткөн кинофестивалга катышкан.

ТҮНДҮК ОКРУГУНДА ТИРЕШҮҮ КҮЧ

Чолпон Орозобекова, Бишкек Жекшембиде Түндүк жана Аксы округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Бул шайлоодо жети талапкер ат салышып жаткан Түндүк округунда таймаш өтө катуу болчудай. Эксперттердин баамында, бул округда талапкерлер бири-бирине каршы өтө булганыч технологияларды пайдаланышты.

Түндүк округунда парламентке тышкы иштер боюнча мурдагы министр Роза Отунбаева, экс-премьер-министр Николай Танаев өңдүү талапкерлер ат салышып аткандан кийин кармаш катуу болчудай болуп калды. Үгүт өнөктүгүн болсо соттук териштирүүлөр коштоп жүрдү. Байкоочулардын баамында, бул шайлоо кампаниясында талапкерлер бири бирине каршы булганыч технологияларды тартынбай пайдаланышты.

Бул округдагы шайлоого байкоо салып жаткан “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын президенти Эдил Байсалов мындай дейт:

- Булганыч технологияларды аябай пайдаланып жатышты. Талапкерлер бири бирне асылып, ушак баракчаларды таратып жүрүштү. Чынында эле абдан туура эмес болду. Эми добуш берүү убагы мындан да курч болушу ыктымал. Эң башкысы шайлоочулар өз эркин көрсөткөнгө шарт түзүп бериши керек. Бул округга тиешелүү гана шайлоочулар добуш беришеби, кеп ушунда болуп атат. Добуш берүүгө башка жактан шайлоочулар ташылып келиниши да мүмкүн болуп турат.

26-ноябрда округдук комиссияда Борбордук шайлоо комиссиясы жөнөткөн даяр бюллетендердин арасынан 95 бюллетен дайынсыз жоголгондугу маалым болду. Муну талапкерлердин шайлоо штабдарынан маалымдашты. Талапкер Мухитдин Рустанбековдун шайлоо штабы билдиргенге караганда, бул бюллетендер чындап эле жоголгон болсо, анды бул чоң чатакка айланышы ыктымал. Штабдын болжолунда бул бюллетендерди кайсы бир талапкердин штабы катып алып, добуш берүүдө өз кызыкчылыгына пайдаланышы ыктымал. Учурда участкалык комиссиялардагы бюллетендерди БШК атайын комиссия түзүп кайра саноого киришти.

Талапкер Жаныш Кудайбергеновдун шайлоо штабынын жетекчиси Табылды Орозалиев шайлоону болтурбай коюу аракеттери да бар деп билдирди:

- Шайлоону кайсы бир күчтөр атайын үзгүлтүккө учуратышы ыктымал, деген да сөздөр бар. Буга даярдыктар көрүлүп койгон имиш. Атайын провокациялар болушу да ыктымал экен. Бирок муну өзүнө ишенбеген алсыз талапкердин кишилери гана жасашы ыктымал.

Анын пикиринде, үгүт өнөктүгү маалында административдик ресурс пайдаланылган жок. Бирок “Эрайым” бейөкмөт уюмунун лидери Ракыя Жусупова тескерисинче административдик ресурс кең-кесири пайдаланылып жатат деп эсептейт:

- Үгүт өнөктүгү жүрүп атса, жолдор оңдолуп, көпүрөлөр салынып, бала бакчанын курулушуна даярдыктар башталып атат. Ачык айта албайм, бирок кайсы бир талапкерге карата бийликтин жең ичинен колдоо көрсөтүп атканы даана эле сезилип атат.

Түндүк округунда добуш берүү эртең менен саат 8де башталып, кечки саат 8ге чейин улантылат. Бул шайлоого жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар көз салаары күтүлүүдө.

АРАБӨК РЕФОРМА, ТАЛААГА КЕТЧҮ АКЧА

Эл аралык уюмдардын демилгеси менен ушул аптада өткөрүлгөн конференцияда жаңы долбоордо Конституцияга олуттуу дегидей өзгөрүүлөр киргизилбегени айтылды. Конституциялык сотту Жогорку сот курамына киргизүү демилгеси четке кагылгандан кийин жаңыланчу Баш мыйзамда өлүм жазасын алып таштоо гана калат. Ал үчүн акча коротуп референдум өткөрүүнүн зарылдыгы барбы, суроосу ушу тапта эксперттердин башын катырууда.

Аскар Акаевдин башкаруусу урагандан кийинки кыргыз коомчулугун түйшөлткөн чоң маселе мындан ары жеке бийликке бөгөт коюлабы түкшүмөлү болчу. Бийликтин үч бутагына эркиндик берип, өлкөнүн демократиялык жаңылануусуна мыйзамдык негиз түзүү демилгеси 24-марттан кийин эле оожалган.

Бирок да президент милдетин аркалаган К. Бакиевдин саясий ыкшоолугунун айынан конституциялык реформага киришүүнү парламент баштап, Ө. Текебаевдин жетекчилиги менен конституциялык кеңешме чакырылган. К. Бакиев президент болуп шайлангандан кийин эки бийликтин ортосундагы мунасанын аркасы менен конституциялык кеңештин төрагасы болуп, кеңештин курамы жаңыланып, иш кайрадан башталган.

Ошентип үч жүздөн ашуун киши катышкан конституциялык кеңештин иши аягына чыгып Башмыйзамга киргизилчү өзгөрүүлөрдү камтыган жаңы мыйзам долбоору жалпы элдик талкууга коюлду. Жаңы долбоордун чоң талкуусун 24-25-ноябрда Эл аралык уюмдар жарандык коом, билйик өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрдү.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюм төрагасынын Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Алоиз Петерле конституциялык реформаны Кыргызстандын болочогун аныктай турган саясий шахмат оюну таризинде сыпаттады:

- Бул жердеги маанай мен учакта келатып ойногон шахматтан кыйла татаал, жооптуу, анткени ал Кыргызстандын болочогун аныктай турган оюн.

Парламент депутаты Өмүрбек Бабанов Баш мыйзамга киргизилчү суйдаң өзгөрүүлөр үчүн акча кетирип референдум өткөрүүнүн кажаты жок, башмыйзамга кожокөрсүнгө бирин-экин өзгөртүү киргизгиче иштеп аткан Конституцияны эле жайына койгон оң деп айтты:

- Конституциянын жаңы редакциясын токтотуу тууралуу президент менен Жогорку Кеңешке кайрылуу жасаш керек. Менин оюмча, Конституция бар, дагы башкасын деп акчаны бөөдө кетирүүнүн кандай кажаты бар.

Конституцияга киргизилчү өзгөрүүлөрдүн мыйзам долбоору күткөн үмүттү актабай калганын «Жарандар коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова да билдирди:

- Ө. Текебаев мырза, Жогорку Кеңеш аркылуу конституциялык кеңештин төрагасы ким болорун кантип аныктап койдуңуз? Бул кандай формат, бир түн ичинде чечип койдуңуз. Жарандык коом менен кеңешпей жасаган ишиңиз үчүн сиз да эл алдында жооп беришиңиз керек. Биз конституциялык реформаны сөзсүз жасай турган учурга, кырдаалга келдик.

Оголе чоң уу-дуу менен башталган иштин аягы күткөндөй чыкпаганына нааразы экенин Конституциялык кеңештин төрага орунбасары Асия Сасыкбаева да жашырган жок.

- Жарандык коом өкүлдөрү, өлкө тагдырына кайдыгер карабаган ишкерлер, жалпы коомчулук мына 8 айдан бери тыным билбей Конституция тагдыры, Мекен келечеги үчүн аракетин аяшпады эле. Сөз бул жерде кимдир бирөөлөрдүн президенттен акылдуу экендигинде деле эмес, кеп президентке, өкмөткө көмөк көрсөтүп, өлкөнү прогресске алып чыгуу ниетинде болчу.

Коомдук ишмер Болот Жанузаков жаңыланчу Конституция ушу тапта иштеп аткандагысынан эч кандай деле айырмаланбайт деген пикирде:

- Чоң өзгөртүү жок дегенге мен макулмун, кошуламын ошолорго. Себеби, ушул долбоорду жакшылап карап чыккан киши дароо эле түшүнөт, ушул жерге эки өзгөртүү киргизилген экен. Биринчиси - өлүм жазасын алып таштоо, экинчиси – Конституциялык сотту Жогорку сотко кошуп берүү маселеси. Ал эми калгандарынын баары редакциялык түрдө болуп калган. Эларалык эксперттер да кечээ өз пикирлерин айтты. Ушул конституциялык реформага биз өтөле жеңилдик менен карап, өтөле тез макул болуп атабыз. Эгерде концептуалдык өзгөртүүлөр болбогондон кийин, концептуалдык маселелер коюлбагандан кийин ушунчалык чуру-чуу кылыштын кажаты бар беле же жок беле?

Конституциялык өзгөрүүлөрдүн жаңы долбоору коомчулук арасында кызуу талкууга алына элек. Президент жарлыгы менен бул ишти алдыга жылдыруу милдети жергиликтүү бийлик жетекчилерине жүктөлгөн.

БИШКЕКТЕ БҮТПӨЙ КАЛГАН КУРУЛУШТАРДЫ КАЙРА КУРУУ ИШТЕРИ КҮЧӨӨДӨ

Кожогелди Култегин, Бишкек. Март окуяларынан кийин борбор шаарыбызда курулуп бүтпөй калган курулуштардын эсеп-чоту алынып, кандай акыбалда жана кимге таандык экендиги такталуу менен, алардын бир катарында кайрадан курулуш иштери жүрө баштады.

Курулушу эчактан бери токтоп турган имарат, турак-жайларды кайрадан куруу иштери кандай шартта, кандай жол менен башталгандыгы жөнүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орунбасары Сүйөркул Бакировдон угалы:

- Бул иш март окуяларынан кийин жерди басып алуулар боло баштаганда козголду. Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен атайын комиссия түзүлүп, Бишкектеги курулуп бүтпөй калып кеткен обьектилерди инвентаризация кылуу менен, тиешелүү турак-жайларды кайра курууга берүү, натыйжада кийин бир топ зарыл үй-бүлөлөрдү квартиралуу кылуу максатында. Комиссия менен бирдикте бир топ иштер жасалды. 20 көп кабаттуу үй бар экен жарым-жартылай курулган, алардын 12си эч кимге бөлүнө элек экен, ошол 12 үйдү курулушка салуу милдети менен Бишкек шаардык мэриясына өткөрүп бергенбиз.

Бишкек шаарынын вице мэри жана башкы архитектору Каныбек Нарбаев шаарда андай турак-жайлардан башка да курулуп бүтпөстөн калып кеткен курулуштар өтө арбын экендигине токтолду:

- Биздин шаарда баары болуп 108 курулуп бүтпөгөн көп кабаттуу имарат бар экен. Анын ичинен 52си жеке менчик фирмаларга таандык. 20сы шаардыкы, 33ү муниципалдык имарат-жайлар экен. Мамлекеттик мүлк комитети баарысын аныктап, менчикке өтө элек – ээси жокторду биздин шаарга өткөрүп берди. Аларды куруп бүтүрүш үчүн жаңы ЖСКларды (турак-жай курулуш компанияларын) түздүк да, ошолорго бөлүп бердик биз. Берген боюнча эле жөн койбой, курулуш иштерин баштай турган, бүтүрө турган мөөнөттөрүн аныктап көрсөттүк. Болбосо, буга чейин бүтпөгөн курулуштар дагы эле бүтпөй тура бериши мүмкүн да. Баса белгилей кетчү нерсе, бул иштер шаардын жаңы мэринин өзүнүн көзөмөлүндө турат.

Каныбек Нарбаев имараттардын, турак-жайлардын жертөлөлөрүн кайра куруп, пайдалануу аракеттери ургаалдашып баратканын да белгиледи:

- Жертөлөлөрдүн баары иштейт деп айтуудан алысмын. Анткени шаардын кичирайондорундагы жертөлөлөр азырынча бош эле турат. Шаардын борбор чегиндеги жертөлөлөр толук кайрадан жабдылып-курулуп, пайдаланууга берилген. Жертөлөлөр каалаган кишиге эле берилбейт. Шаардын муниципалдык менчик боюнча комитети бар. Ошолор тескейт аларды. Бишкек шаардык кеңешинин, кыргыз өкмөтүнүн токтому боюнча, жертөлөлөр бир нече киши катышкан конкурстук, аукциондук негизде утуучуга, башкача айтканда, көп акча төлөөчүгө берилет.

Бишкек шаарынын вице мэри жана башкы архитектору Каныбек Нарбаевден дүйнөдөгү ири шаарлардагыдай Бишкекте да көп кабаттуу үйлөрдүн чатырчаларынын ичин кайра куруп, пайдалануу аракеттери башталгандыгын уктук:

- Көп кабаттуу үйлөрдүн чатырчаларынын ичин кайра куруп-пайдалануу иши бизде, Бишкекте жаңыдан практикалана баштады. Мына жакында эле бир сунуш болду – көп кабаттуу бир үйдүн үстүнө дагы бир монсардалык кабат кошолу деген. Макеттерин бүт алып келген экен, градосоветтен өткөрүп бергенбиз. Ал го жаңы башталып атат. Курулган мисалдар дагы бар. Көп эмес, бирин-серин. Токтогул көчөсүндө бир үй, Москва-Манас көчөлөрүнүн кесилиши тушта бир үй бар андай. Жаңы курулуп аткан үйлөрдө чатырчалардын ичин да үй-жай катары кура башташты. Маселен, Ахунбаев көчөсүндө “Шатен” фирмасы көп кабаттуу үйдүн чатырча ичин эс алуучу жай кылып курду. Бассейн да курабыз деп ойлошкон экен. Бирок, ага конструкциялык шарттар болбогондуктан, курулбай калды. Биз өнүгүп-өскөн шаарлар курулуш иштеринде эмнелерди жасаса, ошолордун баарысына батылдык менен барышыбыз керек.

Адистер Кыргызстандын шартында курулуш иштериндеги батылдыкка сейсмологиялык кырдаалды эске алуу менен гана барыш керек, деп эсептешет.

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ЖЫЙЫН: УУ-ДУУСУ КӨП, НАТЫЙЖАСЫ АЗ

25-ноябрда Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөр долбоорун талкуулоого арналган конференция ишин улантты. Жыйын катышуучулары сот бийлигинин өз алдынчалыгы, конституциялык реформанын жүрүшү тууралуу пикирлерин ортого салышты. Анда конституциялык реформа ара жолдо калганы, олуттуу дегидей өзгөрүүлөр болбогону айтылды.

Президенттин алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун эки күндөн бери айтылып аткан сын-пикирлердин дээрлик баары туура экенин моюнга алып, жаңы бийлик азырынча күткөн үмүттү актай албай жатканын, анткен менен демократиялык өзгөрүүлөрдүн динамикасы баштагы ыраатында экенин белгиледи:

- Көп өзгөрүүлөрдү жасай албадык. Бирок ошол эле учурда азыркы биздин жетекчилер, премьер-министр болобу, президент болобу, булар убагында А. Акаев менен чогуу иштеген адамдар да. Туура түшүнүңүздөр. Революция дегенибиз менен революция болду, анан укуктук талаа дегенге келип токтоп калдык.

Жыйында чоң талаш чакырып аткан Конституциялык сотту Жогорку сотко кошуу идеясы президент К. Бакиев тарабынан колдоо таппай калгандан кийин конституциялык реформага коюлуп аткан маселелердин маани-мазмуну кыйла тарып калганын парламент депутаты К. Байболов айтты:

- Бул ишке оголе көп адистер, эл катышат, бирок да керектүү учурда өзгөчө адистер келишет да бийликке ылайыктуу долбоорду иштеп чыгышат. Менде бизди алдап, жаңылыш жолго салып койгондой таасир калып жатат, чалгынчылар муну башка жакка салып, удургутуп коюу дешет. Долбоорду карагылачы, муну түзгөндөр Конституциялык сотту жок кылуу, Жогорку сот төрагасы К. Осмоновду кызматтан кетирүү, өлүм жазасын алып салуу үчүн гана жазышкандай таасир калтырат. Эми болсо Башмыйзамдын негизги максаты абада асылып туру, Конституциялык сотту козгобой турган болушту, жалгыз өлүм жазасын алып коюу гана калды. Качантан бери Кыргызстан үчүн өлүм жазасын алып салуу ушунчалык чоң маселе болуп калган?

Конституциялык өзгөрүүлөрдүн жаңы долбоорунда Башмыйзам жаңылангандан кийин бийликтин эки бутагы ыйгарым укук мөөнөтүн сактап калары белгиленип, бирок да алдагыдай маанилүү укуктук жобо эмнеликтен сот бийлигин кыйгап өткөнүн Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмонов мындайча чечмеледи:

- Анан жөнеле бул саясий шартка тигил же бул сот, сот жетекчиси анча жарашпай жатат. Муну алмаштырыш керек, деген шылтоолор болбош керек да.

Баш-аягы 8 айга созулуп бараткан конституциялык реформанын соңку чекитин – жаңыланган мыйзам долбоорун парламент кабыл алуусу туурабы же мурдагыдай эле референдум менен өткөрүүнүн зарылдыгы барбы суроосу чоң талашты жаратты. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Д. Нарынбаев жаңы долбоорду парламент кароосуна коюу туура болоорун, президент К. Бакиев да мына ушул ойду жактарын билдирди:

- Долбоорду парламентке берүү менимче, маанилүү саясий мунасага келүү кызматын аткарат. Президент парламентти таркатпаш керек деп такай айтып келатат. Муну менен ал сөзүнө тура ала тургандыгын далилдемек.

Парламент спикери Өмүрбек Текебаев президенттин пикирин өзгөртүп ийүүлөрү кийинки кездери арбын болуп кеткенин айтып, эгер парламент аркылуу Конституцияга өзгөртүүлөр долбоорун кабыл алууну кааласа өзү кайтарып берген «Референдумдар тууралуу» мыйзам долбоорун чакыртып алып, кол коюшу керек деди:

- Президент көз карашын тез-тез өзгөртчү болду. Мага анын Конституциялык соттун тагдыры тууралуу көз карашын да өзгөрткөнүн айтып келишти. Бул жолу ал тынч гана өзүнүн референдум тууралуу мыйзам долбооруна каршылыгын чакыртып алып кол коюшу керек. Антпесе биз элдин эркине каршы чыгабыз, көпчүлүк парламент деле Конституцияны өзгөртө аларын ырастаган.

Конституциялык реформанын күткөн натыйжаны бербегенин көрүп, биртоп саясий партиялар өздөрүнүн жаңы долбоорун сунуш кылышты. Непадам ал парламент тарабынан колдоо таап калса, аткаруу менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосундагы апачык саясий тиреш дагы тереңдеши ыктымал.

КЫРГЫЗСТАН ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНАН БИРОТОЛО БАШ ТАРТАБЫ?

Конституциялык реформага көз салган байкоочулар «Баш мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү» калктын кароосуна коюлган жаңы долбоордогу башкы өзгөчөлүктөрдүн бири катары өлүм жазасынын алынып салынышын белгилеп жатышат. Бирок бул маселе жаңы долбоордун алкагында талаш-тартышты жараткан маселелердин бири болууда.

Кыргызстан аймагында өлүм жазасы ишке ашпай калганына жети жыл болду. Жазанын бул түрүн чектеген жардыкты президент жыл сайын жаңылап келатат. Акыркы жолу мурдагы өкмөт март ыңкылабынын алдында президенттин тапшырмасына ылайык, бул жазаны биротоло алып салууну кепилдеген мыйзам долбоорун иштөөгө киришкен. Ошондуктан, бир катар байкоочулар баш мыйзамга байланышкан жаңы долбоорго өлүм жазасын алып салуу тууралуу жобонун киргизилишин табигый көрүнүш катары баалап жатышат. Маселен, Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева бул кадам эл аралык нормага ылайык жасалууда дейт:

- Өлүм жазасын алып таштайбыз деп мындан эки-үч жыл мурун БУУнун документине кол койгонбуз да. Документке кол койгондон кийин эми артка кетүүгө акыбыз жок.

Бирок Токтайым Үмөталиева бул маселени долбоорго киргизээрден мурда референдум аркылуу чечип алуу зарылдыгын айтат. Анткени, өтө оор кылмыш жасаган адамдарды жайгаштыруучу түрмөлөрдү куруу, аларды багуу, иш орундарын даярдоо, күзөткө алуу чоң түйшүктү, каражатты талап кылат.

“Кыргызстан коммунисттери” партиясынын төрайымы Клара Ажибекованын айтымында, экономикалык эмес, нравалык жагын эске алганда да, өлүм жазасын алып салууга азыр Кыргызстандагы жагдай туура келбейт:

- Мына бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкерлерди өлтүрүп атышат. Депутаттарды өлтүрүп атышат. Ошон үчүн коом күчтүү кылмыштуулукка өтүп кеткен кезде өлүм жазасын алып салган бул таптакыр туура эмес. Экинчиден, нравалык жагы да бар. Биздин атаандаштар «кудай берген өмүрдү кудай гана алышы керек» деп атышат. Бирок ошол адамдар башка адамдардын өмүрүн тартып алып, мыкаачылык менен өлтүрүп жатышат. Ошон үчүн алар өздөрү жасаганга окшош жаза табыш керек.

Алардан айырмаланып адилет министри Марат Кайыповдун оюнда, өлүм жазасын баш мыйзамдын долбооруна киргизүү аркылуу жаңы бийлик утуш алды:

- Кыргызстан мурдагы Советтер Союзундагы Балтика өлкөлөрүнөн башка өкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп атууга өкүм деген кылмыш жазасынан баш тартып жатат. Тыюу салып жатат. Бул - Кыргызстандын демократиялык, укуктук мамлекет экендигине далил.

Ал эми Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова эл аралык нормаларды эске албаганда деле эл өлүм жазасын алып салууну кадыр эсе көрүнүш катары кабылдаарына ишенет. Анткени, кыргыздын тарыхында абак болгон эмес. Ал эми киши өлтүргөн адамга өзүнүн кунунан кутулууну ошол адамдын өзүнө жүктөп келген:

- Биздин жазаларыбыз деле гумандуу экен. Анан эгерде, атуу жазасы аткарылбай калса, ал өмүр бою абакта отуруу жазасы менен алмаштырылышы керек.

Баекованын көз карашында, Кыргызстан бул жобону биротоло алып салууга узак жылдан бери даярданып келаткандыктан, өзгөчө тоскоолдуктарды жаратпайт.

Акыркы божолдуу маалыматтарга караганда, сонку жылдары өлүм жазасына тартылган 200 чамалаш күнөкөр Кыргызстандын тергөө изоляторлорунда отурушат. Бул өтө оор кылмыш кылгандарды жайгаштыра турган атайын жайлардын жоктугу менен түшүндүрүлүп келатат.

АЯЛ, ЗАПКЫ ЖАНА КООМ

Мындан 45 жыл мурда 25-ноябрь күнү Доминикан Республикасынын саясий активисттери, бир тууган эже-сиңдилер Патрия, Минерва жана Мария тереза Мирабальдар жырткычтык менен өлтүрүлүшкөн. 1981-жылы Перулук феминистка Энкуентро бул күндү гендердик теңсиздикке каршы күн катары белгилөөнү сунуш кылган. Ал эми 1999-жылы БУУнун башкы ассамблеясы тарабынан 25-ноябрь аялдарга карата зомбулукка каршы эл аралык күн, деп жарыяланган. Кыргызстанда да дээрлик он жылдан бери бул күн - гендердик теңсиздикке каршы күн катары белгиленип келүүдө.

Жыл сайын дүйнө жүзүндө миңдеген аялдар жана балдар кимдир-бирөөлөр тарабынан кул сыяктуу сатылат жана түрдүү запкы көрөт. Зордук-зомбулуктан 15 жаштан 44 жашка чейинки аялдар майып болушат, же каза табышат. Эл аралык мунапыс уюму жарыялаган маалыматтар боюнча, Орусияда жылына 36 000 аял күйөөлөрүнөн же өнөктөштөрүнөн таяк жешет. Жылына 14 000 аял күйөөлөрүнүн жана башка туугандарынын колунан каза болушат. Тилекке каршы, Кыргызстанда да күйөөлөрүнөн же башка жакындарынан запкы жеген, каза тапкан аялдар көп болууда.

Аялдар укугун коргоо уюмдарынын изилдөөчүлөрү белгилегендей, бизде «жабылуу аяк жабылуу бойдон» деген психологиянын үстөмдүгү менен запкы жеген аялдар тууралуу тагыраак маалыматтар жок. «Сезим» кризистик борборунун кызматкери Сүйүн Курманованын айтымында, жакындарынан зомбулук көргөн аялдар таяк жегени үчүн өздөрүн күнөөлүү деп санашат:

- Баягы эскиден калган «жакшы аял жаман эркекти жакшы кылат» деген түшүнүк менен жашап келе жатабыз дагы деле. Ошонун айынан, запкы жеген аял күнөөнү башка бирөөдөн, мисалы, токмоктогон күйөөсүнөн эмес, өзүнөн издейт. Демек жаман күйөөнү жакшы кыла албай, токмогун калтыра албай атканы үчүн өзүн күнөөлүү сезет.

Мындай унчукпоонун аягы кээде кайгылуу факт менен, үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин өлүмүнө барып такалат. Үстүбүздөгү жылы жаз айларында Чолпоната шаарында 26 жаштагы келин күйөөсүнүн күн көрсөтпөй уруп-сабаганына чыдабай, ага бычак шилтеп жиберип, күйөөсү каза болгон. Мындан бир нече жыл мурун Чүйдө аракка берилген күйөөсүнүн токмогунан тажаган дагы бир аял сиңдисинин жардамы менен күйөөсүн өлтүрүп, сөөгүн сууга ыргытып жиберген. Мындай тагдыр менен учурда жаза өтөөчү жайларда отурган аялдардын саны көп.

«Сезим» кризистик борборунун кызматкери Сүйүн Курманова мындай аялдарды кылмыш жообуна тартууда ага күйөөсүн же башка өнөктөшүн өлтүрүүгө эмне түрттү деген маселе көмүскөдө кала бергендиги кейиштүү дейт:

- Аялдын эр өлтүрүп, эриш бузганы коомчулукта дагы деле өтө терс реакция пайда кылат. Бирок анын эмнеден келип чыкканына жана түпкү маңызына көп маани бериле бербейт.

Байкоочулардын айтымында, аялдарга карата зомбулук өзгөчө элет жеринде көп жасалат. Муну айылдык кыз-келиндер өз укуктарын билбегендиктен улам, деп мүнөздөп келишет. Нарын облусундагы «Теңдеш» кризистик борборунун юристи Эркин Асаналиевдин айтымында, кыз-келиндер көп учурда ала качуунун кесепеттеринен жабыркашат:

- Бизге кайрылган аялдардын 60 пайыздан ашууну жаш кезинде тааныбаган адам ала качып кетип, ошондой жол менен турмуш куруп калгандыгын айтышат. Албетте, бири-бирин түшүнбөстүк үй-бүлөдөгү чыр-чатакка алып келет. Ошондой эле жалаң эле күйөөлөрүнөн эмес, чогуу иштеген кызматкерлерден, кошуналарынан жана башка тааныш адамдарынан запкы жеген аялдар да көп. Мунун негизги эле себеби: аялдардын өз укугун билбегендиги.

25-ноябрь аялдардын укугун коргоонун эл аралык күнү катары Кыргызстанда да белгиленет. Бул демилгени бир катар бейөкмөт уюмдар колдоп, гендердик теңсиздикти ар кандай ыкмалар менен жоюуга аракеттенип келишүүдө.

Ошентсе да, парламентте аялдардын жоктугу, жогорку бийлик бутагында кыз-келиндердин өтө аздыгы Кыргызстанда дагы деле аял затын алсыз, үйдө очок башында гана отурушу керек деген түшүнүктүн эмгиче кала электигин ырастайт, деген пикирлер бар. «Эрайым» коомдук уюмунун жетекчиси Ракыя Жусупованын айтымында, коомдогу аял менен баланын маселесин аял гана чече алат:

- Гендердик теңчилик дегенибиз менен иш жүзүндө андай болбой келе жатат. Аттуу-баштуу, түшүнүгү терең эле эркектерибиз аялдарды бийлик бутактарына жолотууну каалашпайт. Бирок аялдар бийликте, парламентте болмоюнча, коом алдыга жылбайт. Анткени, балдардын жана аялдардын көйгөйлөрүн аял гана чече алат.

КЫРГЫЗСТАНДЫК СПОРТЧУЛАР ТАЙЛАНДДАН ЖАЛГЫЗ КОЛО БАЙГЕ МЕНЕН КАЙТЫШТЫ

24-ноябрда Бангкок шаарында өткөн спорттун 13 түрү боюнча жабык имараттагы биринчи Азия оюндарынан Кыргызстандын командасы кайтып келди.

Жабык имараттагы Азия оюндарын өткөрүү демилгесин Тайланддын улуттук олимпиада комитети көтөрүп, Азия олимпиадалык кеңеши колдоого алган. Биринчи Азия оюндары 12-ноябрдан 22-ноябрга чейин Бангкокто өткөрүлүп, ага Азия аймагындагы 37 өлкөнүн спортчулары катышты. Спорттун 13 түрү боюнча өткөн мөөрөй талашууларда Казакстандын улуттук олимпиадалык командасы 25 алтын, 15 күмүш жана 6 коло байгелүү болуп, жалпы командалык биринчи орунду ээлеген. Бирок Казакстандын командасынын айрым мүчөлөрү кызытма колдонгон деген шектенүүнү жаратып, текшерүүгө алынууда. Себеби бир алтын медалдын айрымасы менен кытайлыктар казакстандыктарга утулуп калып, экинчи орунга түшүп калышканынан допинг текшерүүнү талап кылышкан, дешет адистер. Бул жолу кытайлыктар 24 алтын, 18 күмүш жана 15 коло медалга татыктуу болушкан.

Оюн ээлери тайланддыктар 20 алтын, 21 күмүш жана 33 коло байгелүү болуп, командалык эсепте үчүнчү орунду камсыз кылышкан. Андан кийинки орундарды Гонконг, Индия, Жапан өлкөлөрү ээлеген. Өзбекстандык спортчулар да айырмаланып 5 алтын, 8 күмүш, 9 коло медаль жеңип, жетинчи орунга чыгышкан. Бул командалары толук курамы менен катышкан Азия өлкөлөрүнүн жетишкендиктери.

Каражат маселеси кендирди кесип, Кыргызстан жабык имараттардагы биринчи Азия оюндарына кичи футбол командасын жана суучул спортчуларды гана алып барды. Кыргызстандык кичи футболчулар Өзбекстан жана Катар өлкөлөрү менен бир топко бөлүнүп, алгачкы беттешүүлөрдө жеңишке жетишкен. Азия аймагында футболдон алдыңкылардын бири Өзбекстандын командасын 6:2 эсебинде утуп, экинчи оюнда Катар өлкөсүнүн футболчуларын дагы 5:2 эсебинде жеңип алышкан. Өз тобунда биринчи орунду алгандыктан чейрек финалда кытайлыктар менен беттешкен. Анда кыргызстандын 6 футболчусу гана ойноп, курч таймашууда 3:1 эсебинде атаандаштарына алдырып коюшкан.

Эмне себептен Кыргызстандын футболчулары жарым финалдык беттешүүлөргө чыкпай калганын өлкөнүн кичи футбол ассоциациясынын башкы катчысы Медет Букуев мындайча түшүндүрдү:

- Биринчиден, кытайлыктарды былтыртан баштап бразилиялык машыктыруучулар даярдай баштады. Алар кичи футболго каражат көп бөлүп, бардык шартын түзүп беришкен. Экинчиден, Иран өлкөсүнүн футбол клубунда ойноп жаткан биздин 3 жигитибизди алар жибербей койгон. Ошондой эле Казакстанда ойногон футболчуларыбыз да барбай калышкан. Бул таймашууларга жаштарды катыштырып, сыноодон өткөрдүк. Эми 2006- жылкы Азия чемпионаты Ташкенде өткөрүлөт. Ушул таймашууга даярдык көрөбүз.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин тышкы байланыш бөлүмүнүн директору Нурдин Өкөмбаев Бангкоктогу жабык имараттардагы биринчи Азия оюндары тууралуу айтып, кыргызстандык суучул Юрий Захаров коло медаль жеңип алганын, кийинки экинчи оюндар Макао өлкөсүндө 2007-жылы болоорун билдирди:

- Бангкоктогу биринчи Азия оюндары кыргызстандык жигиттер үчүн кыйын таймашуу, сыноо болду. “Алыбек алына жараша” дегендей даярдык деле ойдогудай болгон жок. Бардык маселе каражатка барып такалууда. Жигиттердин эл аралык мелдештерге аз катышканы, тажрыйбасынын аздыгы, чеберчилигинин төмөндүгү чамасын чактап, башка өлкөлөрдүн спортчуларына алдырып коюшту. Таланттуу жаштар бар, аларга азыртан камкордук көрүү зарыл. Ушул эки жигитти 2007- жылы Макаодо өтчү экинчи Азия оюндарына даярдаса болот.

Кыргызстан жалгыз коло байгеси менен Азия аймагындагы 37 өлкөдөн 24-орунга илинди. Бангкоктогу жабык имараттагы биринчи Азия оюндарына күйөрман катары Жогорку Кеңештин депутаттары Мелис Эшимканов, Тайырбек Сарпашев, Садыр Жапаров жана өлкөнүн дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агентигинин директору Бектур Асанов барып келишти.

КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАГА ЭЛ АРАЛЫК ЭКСПЕРТТЕР КАНДАЙ КӨЗ КАРАШТА?

Кыргызстанда март окуясынан кийин башталган конституциялык реформага эл аралык эксперттер кандай баа беришет? Бул маселени Кыргызстандагы коомдук саясий чөйрө 24-ноябрда Бишкекте талкуулоого киришти. Эки күнгө белгиленген тегерек үстөлдөгү бул талкууну президенттик администрация, Жогорку Кеңеш, Бириккен Улуттар Уюму, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жана Венеция комиссиясы уюштурууда.

Учурда жалпы элдин кароосунда болуп жаткан Баш мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргизүү тууралуу жаңы мыйзам долбооруна байланышкан тегерек үстөлдөгү талкуу курч сын-пикирлер, ар кыл сунуштар менен коштолууда. Долбоорду азыркы турушунда кескин сынга алган саясатчылар менен коомдук ишмерлердин көпчүлүгү долбоордо бийлик бөлүштүрүүдө тең салмактуулук сакталбагандыгын, парламенттин укуктары чектелип, бир адамдын кызыкчылыгын коргогон мурдагы баш мыйзам күчүндө калгандыгын белгилеп жатышат. Алардын бири, экс-депутат Зайнидин Курманов жаңы долбоор кабыл алардан мурда башкаруунун кайсы түрү ыңгайлуу экендигин референдум аркылуу эл менен кеңешип алууну сунуштады:

- Келгиле элди угалы. Башкаруунун кайсы түрүн, парламенттик башкарууну каалашабы же аралашманыбы? Андан кийин Конституцияны жазалы.

Ал эми депутат Өмүрбек Бабанов башкаруунун парламенттик формасына өтүү керек дейт:

- Президенттин бийлиги күчөгөндөн кийин, туугандары, жердештери бийликке келгенден кийин ал өлкөлөрдө революция болуп атат: Грузия, Украина. Кыргызстан. Прессадан угуп атабыз, башка өлкөлөрдө да абал кыйын.

Анткен менен Конституциялык кеңешменин төрагасы, президент Курманбек Бакиев азыр иштеп жаткан Баш мыйзамга кайра-кайра олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизе берүүнү жактабайт. Президенттин пикирин Конституциялык кеңешменин мүчөсү, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев журналисттерге берген интервьюсунда дагы бир ирет тастыктады:

- Бул азыркы Конституцияны түп-тамырынан бери иштеп чыкканга себеп жок деп эсептейм. Себеби, 2003-жылы кабыл алынган Конституция жалпысынан алганда анча начар эмес. Бул жерде сүткө күйгөн киши айранды ууртап ичет болуп атабыз.

Президенттин өкүлү күнөөнү мыйзамга эмес, аны бурмалап пайдалангандарга коюуну сунуштады.

Ошондой болсо да, баш мыйзамдын жаңы долбоору эл аралык эксперттерди да канааттандырган жери жок. Тегерек үстөлгө катышып жаткан Венеция комиссиясынын катчысынын орун басары Томас Маркерттин көз карашында долбоордо президент өз бийлигин күчтөндүрүп койгон:

- Бул жерде Кыргызстанды парламенттик республика жасоо аракети жок. Азыркы долбоор бийликти президенттин колунда калтырган. Бул тең салмактуулуктун сакталышына жол бербейт.

Венеция Комиссиясынын дагы бир эксперти Кестутис Лапинскас реформанын экинчи этабы сунуштаган азыркы долбоордон биринчи этабы сунуштаган долбоор күчтүүлүк кылат дейт:

- Биринчи долбоор жакшыраак болчу. Анткени, анда демократиялык өзгөрүүлөр, бийлик бөлүштүрүү өндүү жагдайлар көп болчу. Азыркы долбоор эскиге кайткандай эле кеп. Айрым өзгөрүүлөр бар, Венеция комиссиясынын айрым сунуштары эске алынган, бирок алар анчалык деле маанилүү эмес.

Венеция комиссиясы Конституциялык кеңешменин Жогорку Кеңештин спикери Өмүрбек Текебаев иштеп чыккан долбоорун октябрь айында карап, өз баасын берген. Бирок президенттин атынан Венеция комиссиясына катышып келген адилет министри Марат Кайыпов мындай көз караштарды жактабайт:

- Венеция комиссиясынын дагы, ЕККУнун дагы эксперттери көбүнэсе парламенттик мамлекеттердин өкүлдөрү. Кыргызстандын Конституциясынын иштелип бүтө элек долбооруна парламенттик мамлекеттин көз карашында корутунду беришкен. Биз эч качан парламенттик өлкө болгон эмеспиз. Ошондуктан, азыркы биздин долбоордо негизги принциптерди сактап калдык.

Министр Кайыпов долбоорго шайлоонун пропорционалдык-можаритардык системасынын киргизилишин жана өлүм жазасынын алынып салынышын Конституциялык реформадагы башкы утуштардын катарына кошту.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG