Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 21:13

Кыргызстан

ПИРАМИДА ТАГДЫРЫ, КОНСТИТУЦИЯДАГЫ ЫҢКЫЛАП, "ПАХАН" ТӨҢКӨРҮШҮНӨН - "ПОГОН" ТӨҢКӨРҮШҮНӨБҮ?

“Пирамида” телерадиокомпаниясынын айланасындагы чыр чатак маселелер басма сөз каражаттарынын актуалдуу темасы бойдон калууда. Мындан тышкары гезит беттеринде жуманын башында мамлекет башчы Курманбек Бакиев “Айрым мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоо жөнүндө” жарлыгы тууралуу ар кыл пикирлер жарыяланууда.

«Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун кыргыз эли талкуулап жатканына бир ай болуп калды. Тилекке каршы юриспруденция тууралуу эч нерсе билбегендер да баш мыйзамды өзгөртүүгө сунуштарын киргизишүүдө. Конституциялык жана Жогорку соттордун башын бириктирүү боюнча да кызуу талкуулар жүрдү. Баш мыйзамды реформалоонун оң жана терс жактары тууралуу «Конституциядагы ыңкылап» деп аталган макалада жазылат. Кыргызстандын белгилүү юристи Сакан Сатыбеков «Вечерний Бишкек» гезитине билдиргендей, сот бутактарын бириктирүү бул туура эмес. Анткени, Жогорку сот менен Конституциялык соттун милдеттери ар кандай. Эгерде Конституциялык сот Жогорку соттун курамына кирип калса, анда Конституциялык сот көз карандысыз орган болбой калат.

Ал эми «Аргументы и факты» гезити «Пирамида»телерадиокомпаниясына байланыштуу талаш-тартыштар тууралуу жазды. Макалада бул маселе боюнча бир нече божомолдор келтирилет. Бул божомолдордун биринде "аталган талаш маселеде эч кандай саясий негизи жок, деп жазылса, көз карандысыз эксперттер «Пирамиданын» айланасындагы маселе – бул мүлк талашуу болуп жатат, деп билдиришти.



Эл аралык «Заман Кыргызстан» газетасынын жума күндөгү санында Абдыкерим Муратовдун "Пахан" төңкөрүшүнөн - "Погон" төңкөрүшүнөбү?» деген макаласы басылды. Анда Бишкек шаарындагы милициянын эки жетекчисинин - ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Молдомуса Конгантиев менен борбор калаанын мамлекеттик автоинспекциясынын башчысы Касымбек Раимкул уулунун ортосундагы чырлуу талаштар тууралуу сөз болот. Автордун пикиринде, "бул жерде бир караганда кадр маселесинин ар ким өзүм чечем дегени көрүнсө, ошол эле кезде укук коргоо кызматкерлерине жогору жактагылардын орунсуз кийлигишүүсүнүн изи байкалат. Шаар милициясынын бир тобу, анын ичинде жетекчилери башкы милиционер Молдомуса Конгантиевди колдоп чыкса, Талас областынын бир топ жеринде майда- майда митингдерде Раимкул уулу Касымбекти колдошо тургандыгын билдирген үндөр жаңырууда.
Бул карама-каршылык жумушта боло берүүчү эки адамдын кадыресе тирешүүсүбү, же андан башкача нерсеби? Эмне үчүн милициялардын
ушундай чуулгандуу иши дал ушул МАИ тармагына байланыштуу чыкты деп ойлойсуз?», деп автор анын себептерин анализ кылат.

Кааласак да, каалабасак дагы жылдын аякташына саналуу гана күндөр калды. Келерки жыл үстүбүздөгү жылдан эмнеси менен айырмаланат болду экен? Мына ушул суроонун айланасындагы макала “Жаңы кылым”гезитинин 15-декабрда чыга турган санында орун алды.

“ Депутаттар бюджет бөлүштүргөндү коюп, каңгыраган заводдорду ишке киргизсе болот эле” деген макалада автор Назгүл Акмат : “Жогорку Кеңштин депутаттарына бюджетти карматпай эле Президент менен премьер министр өз эксперттери менен биргеликте чечсе акылга сыяр иш болмок. Ар министрлик жетимиштен ашык депутаттын оозун майлаганча бир президенттин же премьер-министрдин оозун майлоого азыраак чыгым болмок” деп кобурап жатканын угуп, чын эле мамлекеттик бюджетти дагы акчага бөлүштүрө баштаганбы?”, деп жазат автор


Ушул жуманын башында мамлекет башчы Курманбек Бакиев “Айрым мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. 24-мартта элдик революция ишке ашкандан кийин эле өкмөттүк маалымдоо каражаттарын реформалоонун зарылчылыгы жөнүндө маселе көтөрүп, бул максатта башында вице-премьер-министр Адахан Мадумаров турган атайын комиссия түзүлүп, өз ишин баштаган болчу. Бул тууралуу “Жаңы кылым”гезити мынтип жазат:
«80 жылдан ашык убакыттан бери расмий бийликтин рупорлорунан болуп келген маалымдоо каражаттарын жарым жартылай болсо да колдон чыгаруу алар үчүн жеңилге турган жок. Революциянын эйфориясында “басма сөздүн бардыгын эркин кылабыз” деп жарыялап жиберишкен менен анын өздөрүнө да пайдалуу, башкаруунун формасы өзгөрүлгөн менен бийликтин таасиринен биротоло чыгып кетпей турган вариантын табуу алар үчүн жеңил болгон жок окшойт».

Автордун жазганына караганда, революциянын эртеси күнү эле “Өкмөттүк маалымат каражаттары толук эркиндикке чыгарылды, мамлекеттен ажыратылды. Мындан ары кантип жашайсыңар, ал өз ыктыярыңар” деген чечим чыгарып салышса, маселе өзүнөн-өзү эле чечилмек. Бирок, жогоруда айткандай мамлекет “УТРКны, “Кыргыз Туусу”, “Слово Кыргызстана” гезиттерин жана тармактык, жергиликтүү сексенге жакын маалымдоо каражаттарын толугу менен эркиндикке кое бергиси келбей жатат.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК БАШЧЫЛАРЫН ШАЙЛОО ЧЫР-ЧАТАКТАР МЕНЕН КОШТОЛУШУ МҮМКҮН

Азиза Турдуева, Бишкек Премьер-министр Феликс Кулов айрым райондордо 18-декабрда боло турган шайлоо нааразылык акциялары, чыр-чатактар менен коштолушу ыктымал деген кооптонусун айтып, алдын алуу чараларын көрүү зарылдыгын эскертти. Өкмөт башчысы алдыдагы шайлоого байланыштуу тынчсыздануусун жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоо боюнча республикалык штабдын 14-декабрда өткөн жыйынында билдирген.

Жыйында премьер-министр Феликс Кулов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо айрым жерлерде нааразылыктар менен да коштолушу мүмкүн деген кооптонуу бар экендигине токтолду:

Шайлоолордун жыйынтыктары уруучулук, улуттук, диний бөлүнүүнүн негизинде нааразылыктарга, атүгүл каршылашууларга алып келиши ыктымалдыгы бар региондор да жок эмес. Мындай райондор көп эмес, бирок, мындай кооптонуу бар экендигин биз жашырбай, ачык айтып коюшубуз керек. Ошондуктан, бул маселелер айыл жамааттарынын жетекчилери, аксакалдар менен да талкууланууга тийиш. Биз чыр-чатакты болтурбоого бардык чараларды көрүшүбүз керек .

Феликс Куловдун айтымында, кандайдыр бир деңгээлде нааразылык чыгуу коркунучу Жалалабат облусундагы Сузак, Базаркоргон райондорунда жана Баткен облусунун Исфана шаарында бар.

Жалалабат облусунун губернатору Жусупжан Жээнбеков маалымдагандай, Сузак жана Базаркоргон раойндорунда айыл өкмөт башчылыгына талапкерлер ортосунда өз ара макулдашууга кол коюлду. Ага ылайык, шайлоолордун жыйынтыгы боюнча жеңилип калган талапкерлер кандайдыр бир нааразылык чараларга чыкпай турган болушту.

Ал эми Баткен облусунун администрация башчысынын орун басары Акжол Мадалиев облуста, анын ичинде Исфана шаарында да шайлоо тынч өтөт деген пикирин айтты:

Азыр Баткен облусунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоого бардык даярдыктар көрүлдү. Шайлоо облустун бардык аймагында, анын ичинде Исфана шаарында да тынч, мыйзам чегинде өтөт деп ойлойбуз , -деди Баткен облусунун губернаторунун орун басары.


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун маалыматы боюнча шайлоо өнөктүгү учурунда мурдагыдай административдик ресурстардын пайдаланылышы орун алгандыгы тууралуу арыздар болгон эместигин билдирди.



Ал эми өлкөдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациясынын жетекчиси Курманбек Дыйканбаев белгилегендей, жекшемби күнү боло турган шайлоонун алдында электораттын ичинде бөлүнүп-жарылуу, добуштарды сатып алууга болгон жана башка мыйзамсыз аракеттер көрүлүүдө:

Азыр тилекке каршы, айрым жерлерде административдик кийлигишүүлөр, уруу-уруучулукка бөлүнмөйлөр орун алып жатат. Парламенттик шайлоонун учурундагыдай эле, бул ирет да, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу, тамак-аш таратмай сыяктуу мыйзам бузуулар болуп жатат .

Премьер-министр алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына боло турган шайлоо март ыңклабынан кийинки экинчи жалпы элдин катышуусундагы шайлоо экендигин белгилеп, бул шайлоолор да эл аралык коомчулук тарабынан жогору баа берилген июль айындагы президенттик шайлоодой ачык, мыйзам чегинде өткөрүлөт деген ишеничин билдирди:

Президенттик шайлоо эл аралык коомчулук тарабынан ачык, демократиялык жол менен өткөрүлгөн шайлоо катары бааланды эле. Бул шайлоону да эл аралык, жергиликтүү байкоочулар жогору баа бере тургандай деңгээлде өткөрүүгө аракеттенели , - деп айтты Феликс Кулов.

«КЫРГЫЗСТАН» БИРИМДИГИ РЕВОЛЮЦИЯНЫ УЛАНТАБЫ?

Март окуясынан кийин кайра түзүлгөн «Кыргызстан» биримдиги революциялык максаттардын экинчи этабын ишке ашырууга кызыкдар жана ушул максатта 6-курултай өткөрүүнү көздөп жатат. Бирикменин координациялык кеңешинин төрага милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун мындай демилгесине карата коомдук-саясий чөйрөдө ар кыл көз караштар пайда болду. Ириде мындай демилге бирикмеге мүчө айрым саясий партиялардын нааразылыгын жаратууда.

Кайра түзүлгөн мурдагы «Кыргызстан элдик кыймылына» мүчө партиялардын координациялык кеңеши башкы прокурордук кызматтан бошотулгандан кийин Азимбек Бекназаровду төраганын милдетин аткаруучу кылып дайындашкан. Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин депутаты катары ишке киришкен алгачкы күнү эле маалымат жыйынын уюштуруп, анда «Кыргызстан» бирикмеси март революциясында кетирген катачылыктарын оңдоого бел байлагандыгын жарыялады. Ал революциядан кийин өлкөдө кырдаал турукташа электигин эскерте кетти:

- Менин баамымда революция уланууда. Биринчи этапта Акаев кетти. Бул революция бүттү дегенди билдирбейт. Акаевдин режими калды… Революциядан кийин такыр башка жараяндар башталды. Ооба, биз катачылык кетирдик. Биз бул катачылыкты оңдойлу деп атабыз. Революциялык комитет болгон эмес. Өкмөт түзүлгөн жок. Акаев кетери менен дароо эле биз укуктук багытка кеттик. Бул - биздин катачылыгыбыз.

Бирок, курултай өткөрүү демилгеси калган партиялар менен макулдашылбагандыгын дароо эле «Азаттыктын» кабарчысына бирикмеге мүчө «Эркиндик», Кыргызстан коммунисттик партиялары билдиришти. «Эркиндик» саясий партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев бул Азимбек Бекназаровдун макулдашпай туруп уюмдун атынан жарыялаган алгачкы билдирүүсү эмес дейт:

- Ошол Кыргызстан Биримдигинин атынан Конституциянын жаңы деле эмес, бир долбоорун иштеп чыгып, Роза Отунбаева («Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы- авт.) экөө конституциялык кеңешмеге киргизип таштаптыр. Ал талкууланган эмес. Андай болгондо Бекназаров менен Отунбаеванын атынан деп койсо чатак жок эле да… Эми бул маселеде да эч кимге айтпай эле оңду-солду интервью берип атат.

Топчубек Тургуналиев курултайдын өтүшүнө каршы эмес. Бирок, анда 24-март окуясына саясий баа берүү демилгесин кечиккен демилге катары санап, ага мурда эле баа берилгенин айтат. Ал эми экс-прокурордун баамында, Кыргызстан коопсуздук кеңеши 24-март маселесин караган отурумунун чечимин алигиче чыгара элек.

Коммунисттер партиясынын катчысы Клара Ажибекова «Эркиндик» саясий партиясынан айырмаланып, курултайда бул маселенин көтөрүлүп жатышын жөндүү дейт. Анткени, өлкө дагы, эл дагы бир жылга жакын убакыттан бери күтүп турат. Ошол эле учурда азыркы бийлик март окуясынын алдында берген убадаларын аткара элек. Ириде менчиктештирүүгө байланышкан маселе козголо элек. Бул жагынан алганда, Ажибекованын пикиринде эгер азыркы бийлик революциялык бурулуштарды жасабаса, анын тилектештери сөзсүз каяша айтууга аргасыз болот. Ал эми «Эрк» саясий партиясынын төрагасы, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Бектур Асанов жаңы бийлик орнотууга салым кошкон саясий партиялардын азыркы жагдайда биримдикте болушун каалайт. Ал эми айрым талдоочулар, тескерисинче, бирикмеде эч качан биримдик болбогондугун, бул маанай күчөбөсө, басаңдабашын айтышат. Мунун себебин ишкер жана саясатчы Өмүрбек Абдыракманов төмөнкүдөй баалайт:

- Булар идея үчүн күрөшкөн эмес. Биринчиси эле Акаевди жок кылыш болчу. Бүттү. Идея жок болуп атпайбы. Анан бийликке отуруп калгандары бийликтин камчысын чаап, бийликке жетпей калгандар биз дагы революция кылып, буларды жок кылабыз деп атышат. Бул коркунучтуу нерсе да. Булар мамлекет куруунун идеяларын айтпай атышат.

Азимбек Бекназаровдун революциянын экинчи этабын ишке ашыруу демилгесин толугу менен колдогон «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов тескерисинче, революциялык аракеттер акырына чыкпай калган шартта мамлекетке коркунуч жараларын айтат. Бул элдин ишенимин суутат дейт Байсалов.

Акаевдин бийлигин кулатуу максатын көздөп түзүлгөн Кыргызстан элдик кыймылы 24-июлдагы курултайда «Кыргызстан» биримдиги деп кайра түзүлүп, анын курамына «Эркиндик», «Эрк», «Асаба», коммунисттердин эки партиясы, «Жаңы Кыргызстан», КЭК саясий партиялары биригишкен. Ал эми 24-март окуясына чейин кыймылдын курамында болуп келген КДК, «Кайран эл» партиялары катардан чыгып кетишкен. Ушул эле жыйында Курманбек Бакиев өзүнүн президент болуп шайлангандыгына байланыштуу кыймылды жетектөөнү токтоткон. Бакиевдин бул кадамын айрым талдоочулар мамлекеттик бийликти алмаштырган негизги саясий күчтүн жикке бөлүнүшүнө жол ачкан кадам катары сыпаттап келатышат. Ал эми жаңы бийликке колдоо көрсөтүп келаткан «Эркиндик» саясий партиясынын төрагасыТопчубек Тургуналиев биримдикке мүчө саясий уюмдардын позициялары 24-декабрга белгиленген курултайдан кийин белгилүү болорун кыйытты.

КЫРГЫЗ ПАСПОРТУ КАЙРАДАН “КӨКБӨРҮГӨ» ТҮШТҮ

Кыргызстанда паспорт маселеси курч проблема бойдон калууда. Көптөгөн кыргыз атуулдары паспорттору жок кошуна мамлекеттердин чекараларынан өтүүдө азап тартып келишсе, айрымдары чет өлкөгө жумушка, окууга барууга бара албай, өкмөттөн үмүтүн үзбөй келишүүдө. Маалымат технологиялар жана ресурстар боюнча Улуттук агенттиктин билдиргенине караганда жаңы паспорттор Молдованын “Регистру” компаниясы тарабынан чыгарылып, атуулдарга бериле баштады. Сентябрь айында Маалымат технологиялар жана ресурстар боюнча Улуттук агенттик паспорт чыгаруу боюнча Түштүк Кореянын Venture C&C Plasa компаниясы менен келишим түзгөн. Жакында ал келишим бузулгандыгына байланыштуу Түштүк Кореялык компания өкмөттү сотко бере турган болду.

Өткөн жылы 26-апрелде паспорт чыгаруу боюнча долбоорго жарыяланган тендерди Молдованын «Регистру» компаниясы утуп алып, Кыргызстандын атуулдары үчүн паспортторду чыгарууга киришкен. Кийин тендерди утуп алууда Кыргызстандын мыйзамдары одоно бузулган делип үстүбүздөгү жылдын 17-июнунда жаңы өкмөт мурдакы өкмөттүн буйругун жокко чыгарган. Ал эми жаңыдан түзүлгөн тендердик комиссиянын чечими менен ушул жыллдын 26-сентябрында Маалымат технологиялар жана ресурстар боюнча Улуттук агенттик паспорт чыгаруу боюнча Түштүк Кореянын Venture C&C Plasa компаниясы менен контрактыга кол коюшкан. Маалымат технологиялар жана ресурстар боюнча Улуттук агенттиктин жетекчиси Амангелди Кенжетаевдин айтымында, келишимге ылайык Түштүк Кореялык компания бир айдын ичинде Бишкекке паспорт чыгаруучу заводдун жабдууларын алып келип, жаңы паспорттун алгачкы үлгүсүн көрсөтмөк. Тилекке каршы, Кореялык компания эки айдан бери келишимде көрсөтүлгөн талапты аткарбагандыктан, аталган агенттик кайрадан Молдованын “Регистру” компаниясы менен иштеше баштады. Муну Ички иштер министрлигинин Паспорт жана виза башкармалыгынын жетекчиси Эркин Арапбаев да тастыктады.

Маалымат технологиялар жана ресурстар боюнча Улуттук агенттиктин жетекчиси Амангелди Кенжетаевдин билдиргенине караганда, Молдованын “Регистру” компаниясы чыгарган алгачкы жаңы паспорттор 13-декабрдан тарта Кыргызстандын атуулдарына бериле баштады. Ал паспорттор эл аралык стандартка жооп берип, Кыргызстандагы паспорт көйгөйүн жакын арада чечүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлдү.

-Түштүк Кореянын компаниясы менен контракт үзүлдү деп оозеки айтып атышат,- деди Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков "Азаттыкка". -Бирок бул контрактын 6-бөлүгүндө жоопкерчилик жагы абдан катуу жазылган. Ал боюнча эгерде тигил же бул тарап келишимден баш тартса, чоң көлөмдөгү айып тартышы керек. Бул келишимди аткарыш керек. Тактап айтканда, паспортту Түштүк Кореялыктар жасайт экен. Мен контракт токтотулду деген келишимди көргөн жокмун. Быякка келатып Кенжетаев мырзадан сурасам, ал айтты;”сөз жүзүндө баш тарттык, келишим түзүлө элек” деп. Бул маселе боюнча Түштүк Кореялыктар да, Германиянын дагы бир компаниясы сотко бериши мүмкүн.

Депутат билдиргендей паспорт маселеси боюнча жакын арада парламентте талкуу өткөрүлөт. Эл паспорттон кыйналып атса, эки ортодо пайда көрүүнү көздөгөн чиновниктер да бар.

-Тилекке каршы кээ бир мамлекеттик кызматкерлер ушул абалдан пайдаланып, муну бизнеске айландырууга аракет кылышууда,-деди Кубанычбек Исабеков.

Айрым бир маалыматтарга караганда, Молдованын “Регистру” компаниясынын чыгарган паспорттору эл аралык нормаларга жооп бербейт. Анткени АКШ, Европа, Орусия мамлекеттери биометриялык сапаттуу паспортторду колдоно баштаганда Кыргызстандын паспорттору жараксыз болуп чыга келет. Кыргызстанда кайрадан паспорт көйгөйү башталышы мүмкүн. Ал эми Түштүк Кореянын Venture C&C Plasa компаниясы менен контрактты бузууга кээ бир чиновниктер кызыкдар болгон. Контрактынын бузулганын доомат кылып Түштүк Кореялык компания кыргыз өкмөтүн сотко берүүгө даярданууда.

АНВАР АРТЫКОВ : “БҮГҮНКҮ КҮНДӨ КЕРЕГИБИЗ ЖОК БОЛУП КАЛДЫ ОКШОЙТ”

Кубанычбек Жолдошев, Ош Коомчулукта мамлекет башчысы Курманбек Бакиев Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыковду кызматтан бошотуу менен марттагы элдик ыңкылаптын таасири менен бийликке келген үчүнчү саясатчыны кызматтан алды деген терс пикирлер орун ала баштады. Мына ушуга байланыштуу бийликтен кетишинин түшүнүксүз себептери, президент менен болгон мамилеси, Аксарай оюндарынын күчөшү жана ыңкылапчыл жактоочулардын талаптары тууралуу жакында күтүүсүздөн кызматтан алынган Анвар Артыков "Азаттык" радиосунун кабарчысынын суроолоруна жооп берет.

- Анвар мырза, президент Курманбек Бакиевдин сизди кызматтан бошoтуу жөнүндө чечимин кандай кабыл алдыңыз?

- Күтүлбөгөн кадам катары кабыл алдым. Премьер-министр келет деди, барып тосуп алдык. Машинага отургандан кийин Феликс Шаршенбаевич, мен указ алып келдим, сиз ордуңуздан кетесиз, жаңы киши алып келдим деди. Ошол жерден биринчи уктум. Ошондон түз эле администрацияга келип элди чогулттук.

- Марттагы элдик ыңкылаптын натыйжасында бийликке келген президент Бакиев өзүнүн мурдагы ыңкылапчыл тилектештеринен секиндеп ажырап бара жатат деген пикирге кандай карайсыз?

- Бул суроону ошол кишиге бериш керек. Башта бул нерсе макулдашылды беле деген суроолор менен Бишкектен, башка жерден телефон чалып атышат. Жок, эч ким сүйлөшкөн жок дегенден кийин алардын да ою жакшы болгон жок. Марттагы окуя болуп өттү, мен марттагы ыңкылаптын адамы катары ушул күнгө чейин отурдум. Менимче бүгүнкү күндө керегибиз жок окшойт.

- Сиздин кызматтан бошотулушуңузга карата март айында ыңкылапка чогуу чыккан тилектеш адамдардын кандай мамилесин байкай алдыңыз?

- Ушул күндөрү Карасуудан, Каракулжадан элдер чыгып даяр болуп биз эл шайлаган жетекчибизди колдоп барабыз дегендер чыкты. Мен өзүм чыгып айттым, мен жогорлоп кетип атам, бизге экинчи революциянын кереги жок, каршымын, элди үгүттөбөйм дедим. Артымда эл бар, аларды алып чыгам десем бул митаамдык болот.

- Коомчулукта Анвар Артыков Aксарай оюндарынын курмандыгы болду деген пикирлер орун алууда. Дегеле президентке эмнеңизден жакпай калдым деп ойлойсуз?

- Болгону менден губернатолук алынды. Адамкерчилигим, адамдык сапатым, башым, колум-бутум өзүмө калып атат. Бийлик деген бүгүн бар, эртең жок, ага мен көп кейибейм. Биз саясатта жүргөн адамбыз. Биринчи Акаев кетсин деп декабрда Бишкектен баштаганбыз. Штабдын тапшырмасы менен Ошко келип Оштук революцияны башкарганга аракет кылдым. Элдин кызыкчылыгы үчүн мени жумшаса ойлонбой барам.

- Президент жаңы кызмат ордун сунуштаса барасызбы?

- Президент бүгүн саат онго чакырган экен. Аппарат менен тогуз ай чогуу иштештик. Президент мага кызмат берет экен деп аппарат менен коштошпой чуркап кетип калсам менин абийриме туура келбейт. Эртең барып кызмат сурайын деген оюм жок.

БЮДЖЕТ, БЮДЖЕТ, БАШТАГЫСЫНАН АЙЫРМАСЫ ДЕЛЕ ЖОК

Өкмөт эмдиги жылдын экономикалык өсүшү 5% азыраак ашары эмитен эле болжолдонууда. Президент К.Бакиев өнүгүү ыраатын 8% көтөрүү милдетин койгон. 2006-жыл бюджетинин киреше бөлүгү 20 миллиард сомго бираз жете бербеген сумманы түзөт. Чыгаша бөлүгү 23 миллиардка жакын акча. Ортодогу жетпей калган акча чет эл инвестициясынын эсебинен жабылат. 14-декабрда парламентте эмдиги жыл боюджети боюнча коомдук угуу болуп өттү.

Кыргызстандын Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун ырасташынча, эмдиги жылдын бюджети реалдуу, андагы белгиленген көрсөткүчтөрдүн дээрлик баарынын ишке ашырылышына мүмкүнчүлүктөр бар. Ал үчүн өкмөт биртоп өнөр жай ишканаларын ишке киргизип, инфляцияны 4,5% деңгээлинде, ал эми сомдун долларга карата катышын 42 сомдон ашырбай кармап туруусу зарыл.

«Кумтөрдү» кошпогондо республика боюнча ички дүң продукттун өсүшү - 5,4%, мунун ичинде өнөр жайындагы өсүш - 5,2%, айыл чарбаныкы - 4,1%, тейлөө тармагы - 6,2%, курулуш - 12% алдыга жылышы белгиленген. Ички дүң продукттун көлөмү 111,5 миллиард сомго, андагы көрсөткүчтөр мурдагы эле калыбында калары, башкача айтканда, бюджеттин негизги жүгүн өнөр жай, айыл чарба, тейлөө тармагы көтөрө тургандыгы бул ирет да ырасталды.

Бирок да президент К.Бакиев белгилеген экономикалык өнүгүүнүн 8% көрсөткүчү эмнеликтен 5,4% түзүп калганын министр экономикалык ыкчам өнүгүүнүн зарыл шарты катары түшүндүрдү. Бирок да андай кенемтени парламенттин Бюджет жана каржы маселелери боюнча комитеттин төрагасы Акматбек Келдибеков жаңы өкмөттүн экономиканы ыкчам өнүктүрүү боюнча ачык программасынын жоктугу менен байланыштырат.

- Мына социалдык багыттагы деп жатабыз. Пенсия жашын төмөндөтүү кирбесе, айлык баланча пайызга көтөрүлөт деп айтпаса, 5% - 2 миллиардды каякка бөлүштүрөт? Бүгүнкү күнгө да жетпейт. Бул эч нерсеге жетпейт. Азыр да кеч эмес. Эгерде өкмөт жакшы эсептеп, биздин комитеттин берген тыянагы боюнча эсептеп, макулдугун берип, азыркы кырдаалдан чыкса болот. Орточо пенсия өлчөмү 700 сом болсо, мугалим менен дарыгердин акчасы 600 сом болсо, анан эртең эмне болот? Элдин баары ушуну 2006-жылдын бюджетин күтүп жатат. Эч нерсе болбойт.

Экономика жана каржы министри эмдиги жылдын бюджети социалдык багытты көздөрүн белгилеп, пенсия, жөлөкпул, билим, саламаттык сактоо, социалдык тармак кызматкерлеринин айлык маянасын көтөрүүгө кыйла акча бөлүнгөнүн айтты. Бирок да Кыргызстандын азыркы экономикалык мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин белгилеп, буга чейин кабыл алынган айырм социалдык мыйзамдарда көрсөтүлгөн каржылык колдоолорду өкмөт аткара албастыгын моюнга алды.

- Биз жанагы мугалимдин тетрадь текшергенине, коммуналдык кызмат акысын жеңилдетүү жана башкалар боюнча мыйзамдарда белгиленгендерди санап көрсө 1,5 миллиарддан ашык акча керек экен. Ошондуктан биз азыр булардын айлык маяналарын жеткиликтүү деңгээлге көтөрөлү деп жатабыз. Ага чейин болсо мына иштебей аткан мыйзамдарды кайра текшерип жатабыз. Ошол мыйзамдардын баарын парламентке сунуштайлы деп жатабыз.

Бюджеттик угууда жергиликтүү шаарлар ассоциациясынын президенти Курманбек Дыйканбаев эл революциячыл өкмөттөн көп жаңылыктарды үмтөткөнүн, бирок да азырынча баштагы эле көнүмүш кайталанып жатат деп билдирди.

- Эл республикалык бюджетте өзгөрүү болобу деп күтүп жатат. Мисалы, жергиликтүү бюджетте депчи. Сиздин баяндамаңыз жакшы болду, экономикалык өнүгүү 5% тегерегинде болот дедиңиз. Мурдагы жылдан айырмасы болбой жатат. Эл болсо эмне үчүн революция жасадык деп жатышат. Коррупцияны жок кылбаса да азайтууну күтүшкөн.

Өкмөт бюджетти толук аткарбай, жыл сайын биртоп статьялар баам сыртында калып келатканын депутат Дамир Өскөмбаев да белгиледи.

- Жыл сайын мыйзам бузуулар катталат, биртоп статьялар аткарылбайт.

Д.Өскөмбаев бюджетти толук аткарбаган өкмөт кызамттан кетишин мыйзамга киргизүү зарылдыгын белгилесе, анын кесиптеши Иса Өмүркулов азыр кош стандарт өкүм сүрүп, элди тоноо күчөгөнүн мисалга тартты.

- Азыр эки ирет чогултуу жүрүп жатат. Бири мыйзамдуу чогултуу, бюджет, бажы, салык жыйымдары, экинчиси көмүскө жыйноо. Мыйзам коргоо, текшерүү-көзөмөлдөө органдары мамлекеттин рекэти болуп алышты.

15-декабрда эмдиги жыл бюджети папламент комитетинин кеңейтилген жыйынында талкууга алынат. Бул жаңы өкмөттүн биринчи экономикалык сыноого түшүшү.

«ПИРАМИДА» ТЕЛЕКАНАЛЫ: ТАЛАШТЫН АРТЫНДА ДАГЫ БИР КӨҢТӨРҮШТҮН БАШЫ КӨРҮНГӨНСҮЙТ

«Пирамида» телеканалына белгисиз адамдардын кол салуусу, аларга карата «кызыл шапкечендердин» мамилеси Кыргызстан дагы бир көңтөрүш же чыныгы революция алдында турганын каңкуулап турган жокпу», деп жазды 13-декабрдагы «Кыргыз руху» гезити. Өз алдынча маалымдоо каражаттарын басып алуу шойкону Кыргызстанда 24-марттан тарта башталган. Бул арада өкмөт кол алдындагы маалымдоо каражаттарына өз алдынчалыкты берүү тууралуу жарлыгын чыгарды.

Сөздү деле ошол «Кыргыз руху» гезитинен баштасак. «Эгерде «Пирамидага» карата баскынчылык жападан-жалгыз окуя болсо же жок дегенде «Вечерний Бишкек», «КООРТтогудай» укуктук негиз, «үй-бүлөлүк режимдин» изи болсо да, аны түшүнсө болор эле». Бул жерде «маалымат мейкиндигине да абсолюттуу бийлик жүргүзүү саясаты, «Алай» мейманканасы, Карасуу базары баштаган менчикти кайра бөлүштүрүү процесси жана Жогорку сот, Жогорку Кеңеш, Конституциялык сотту таркатуу жана жоюу, премьер-министрди отставкага кетирүү өңдүү саясий оюндардын уландысы, логикалык жыйынтыгы жатат», деп жазат гезит редактору Б.Таштаналиев.

24-марттан кийин демдүү башталган конституциялык реформа солгун тартып, учурда президент менен парламент ыйгарым укуктарын бөлүштүрө албай убара чегип жатышканы Жазгүл Масалиеванын «Саясат саясатчылар үчүн, а элге эмне артат?..» деген макаласында талдоого алынган. Жаңы бийликке А.Акаевдин гана Конституциясы эмес, паспортун жасаган фирмасы да жагып калганы ушул эле гезиттеги экинчи бир макалада баяндалган.

Паспорт көйгөйү жакын арада чечилиши күмөн экендигине 13-декабрдагы «Вечерний Бишкек» гезити да токтолду. Маалымат ресурстары, технология жана байланыш улуттук агенттигинин директору Амангелди Кенжетаевдин айтымында, өкмөт молдовалык «Регистру» мамлекеттик ишканасы менен мамилесин калыбына келтирип, жаңы паспортту ал жактан жасатууга макул болууда. Мунун акысына молдовалыктар эларалык сотко жолдогон Кыргызстандан 25 миллион евро өндүрүп берүү жөнүндөгү арызын кайтарып алышууда.

Өткөн аптанын аягында «Пирамида» телеканалынын жалпы жамаатынын жыйналышы чогулуп, анда компаниянын президенти А.Бийназаровду кызматтан алынып, ордуна анын мурдагы орунбасары Олег Вассилди дайындалган, деп маалымдайт Эльвира Темир.

«Пирамида» телеканалынын айланасындагы талаштын дагы күчөшүнө кызыкдар күчтөр бар. Бул жерде кимге канча акция тийиштүү экени же сөз эркиндиги эмес, бийлик үчүн күрөштүн кызыкчылыгынын башы көрүнүп турат. Темир канат оппозиция саясий упай алыштын амалында жаңжалдын дагы уланышына кызыкдар, деп белгилейт Уран Ботобеков 13-декабрдагы «Слово Кыргызстана» гезитинде.

Кыргызда маркумду жерге берүү зыйнаты 100 – 120 миң сомду соруп кетери ушул эле гезиттеги Заирбек Сашанын макаласында козголгон. Орточо айлык акы 10 доллар, калктын жарымы жумушсуз, опсуз чоң ыгым-чыгымды көпчүлүк унчукпай айласыз көтөрүүдө. Буга жадесе муфтият да каршы чыга албады, дейт автор.

«Пирамида» телеканалынын жетекчилиги акциянын башкаруу пакетин үч жылга күрөөгө коюшканын айтууда, деп кабарлайт «МСН» гезитинде Дарья Малеваная. Экинчи тарап аны төгүндөп, компанияга мыйзамдуу негизде кожоюн экенин

«ПИРАМИДАНЫН» ТАГДЫРЫН СОТ ЧЕЧЕТ

Вице-премьер-министр Адахан Мадумаров 13-декабрда «Пирамида» телерадиокомпаниясын талашып жаткан тараптар менен жолугушту. Анда вице премьер-министр бул чатакка президенттин эч кандай тиешеси жок экендигин билдирди. Жолугушууда «Пирамиданын» айланасындагы чырды башынан тарта, өткөн жылы компаниянын 50% акциясы «Ареопаг-Бишкек» компаниясынын колуна өткөндөн тартып иликтөө зарылчылыгы да белгиленди.

Вице-премьер-министр менен жолугушууга «Пирамида» телерадиокомпаниясынын эмгек жамааты, телекомпаниянын чырына байланыштуу түзүлгөн парламенттик комиссиянын өкүлдөрү Кубатбек Байболов, Кабай Карабеков жана журналисттер профсоюзунун төрагасы Азамат Калман катышты.

Экинчи тараптан «Медиа Инвест» жоопкерчилиги чектелген уюмунун аткаруучу директору Султан Курманбаев менен юридикалык кеңешчиси Илларион Адамян келди. Алар депутат Байболовдун «Медиаинвест» уюмуна ээлик кылган «Инвест Тел» компаниясынын ээси ким деген суроосуна жооп бере алышкан жок.

Вице-премьер-министр Адахан Мадумаров «Медиа Инвесттин» өкүлдөрүнөн «Пирамиданы» жайына коюп, маселени юридикалык жол менен сот аркылуу чечүүнү өтүндү. Бирок «Медиа Инвест» уюмунун укуктук кеңешчиси Илларион Адамян уюм юридикалык мекеме катары Адилет министрлигинен каттодон өткөндүгүн жана «Пирамида» телерадиокомпаниясынын 50% акциясына ээ экендигин айтып, муну юридикалык жактан далилдөөгө зарылчылык жок деген пикирин билдирди:

-Биз «Пирамиданын» капиталынын бир бөлүгүнө ээ экендигибизди тастыктаган документ бар. Ошондуктан муну далилдөөнүн зарылчылыгы жок деп эсептейм. Бирок биздин чогуу иштейли деген сунушубузду булар уккусу да келген жок. Ал эми «Пирамиданы» күч менен тартып алууга жасалган аракеттерге биздин тиешебиз жок.

Депутат Кабай Карабеков «Пирамиданын» айланасындагы чуу «Медиа Инвесттин» 50% акцияга ээ болгон күнүнөн тарта эмес, өткөн жылы телекомпаниянын 50% акциясы «Ареопаг-Бишкек» компаниясынын колуна өткөн учурдан тартып иликтөө зарылчылыгын белгиледи:

-Бул тарых өткөн жума күнү «Пирамиданы» басып алуудан башталган жок. Бул чыр бир жыл мурун: ошол учурдагы бийлик «Пирамиданын» президентинин колун толгоп туруп, 50% акциясын «Ареопаг-Бишкек» компаниясына тартып берген учурдан башталган. Демек, парламент да, юристтер да иликтөөнү ошол убактан тартып жүргүзүүгө тийишпиз.

Депутат Кабай Карабековдун сөзүн вице-премьер-министр да колдоду. Анын айтымында ошондо гана адилет чечим болот:

-Эгер былтыр башталган болсо, анда ошол убактан тарта башталат. «Вечерний Бишкек» менен КООРТтун айланасында да ушундай болгон. Эми келип, «Пирамида» менен болууда. Алар кайра ээлерине кайтарылбадыбы. Каралат бүт баары, убакыт керек, мезгил керек.

Жолугушуунун аягында «Пирамида» телерадиокомпаниясынын башкы редактору Елина Чернявская март ыңкылабынан эки айдан кийин компаниянын вице-президенти Олег Вассиль «Ареопаг-Бишкек» компаниясына өтүп кеткен акциялар боюнча документтерди вице-премьер Мадумаровдун колуна тапшыргандыгын эскертти. Ал ошол документтерди кимдир-бирөө колдонуп кетүүсү мүмкүн деген пикирде:

-Биз ал документтерди июль айында тапшырганбыз. Ал эми «Инвест Тел» менен «Инвест Медиа» август айында түзүлүп жатат. Менин оюмча, кимдир-бирөө ошол документтерди пайдаланган.

Мадумаровдун маалыматы боюнча ал документтер Акаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктөрдү иликтөө жүрүп жаткан мезгилде чогултулган. Анын айтымында, документтер бул ишти алып барган 1-вице-премьердин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдун колуна тапшырылган.

Депутат Кубат Байболов парламенттик комиссия «Пирамида» телерадиокомпаниясынын айланасындагы маселе боюнча изилдөө жүргүзүп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, «Медиа инвесттин» чыныгы ээлери аныкталмайынча талашып-тартышууга негиз жок.

«Пирамиданын» башкы редактору Елина Чернявская жолугушууну бийлик тараптан жасалган алгачкы кадам деп баалады. Бирок компаниянын көз карандылыгын сактап калууда парламенттик комиссия менен «Пирамиданы» коргоо кеңешине ишеничи чоң экендигин жашырган жок.

ҮЙ- БҮЛӨӨНҮН “СЫРЫ”, “ПИРАМИДАНЫН” ЧЫРЫ, ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫНЫН ЫРЫ.

Кабыл Макешов, Бишкек 13- декабрдагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары өлкөдөгү кадр саясаты, “Пирамида” телерадиокомпаниясынын айланасындагы чыр- чатак, элетти колдогон инвестициялар, турак жай курулушунун ипотекалык кредитинин күңгөй- тескейлери тууралуу макалаларды жарыялашты.

13- декабрдагы “Агым” гезитиндеги «Жолбүгүн» рубрикада оштук журналист Шайлообек Назаралиев өлкөдөгү кадр саясаты, чиновниктердин балдары, Жапония сабактары жана таза муун тууралуу кеп козгойт.

“Элим, өлкөм эмне болсо ошол болсун, өзүм аман болсом болду деген эле бадрактык саясат. Ошондуктан, кадр тандоо системасын түбү менен өзгөртпөй туруп турмушубуз оңолот деш - "Карышкырга кой кайтарткандай" эле нерсе.
Согуштан кийин Япон мамлекети Батышка миңдеген улан-кыздарды атайын жөнөтүп, аларга жакындан камкордук көрүп турган. Өкмөт башчылары өздөрүнүн балдарын, тууган-уруктарын, жердештерин эмес, жалпы карапайым калктын ичинен суурулуп чыккан таланттуу, зирек балдарды жиберген. Япония азыр деле мына ушул принципти бекем карманат. Бизде "Таанышың болсо - танкасың, таанышың жок - маңкасың" деп жөн жерден айтылбаса керек. Ал эми тааныш - адатта кызмат адамында болот. Ошентип, жетекчилер өз казанында, эл өз казанында кайнап, экиге бөлүнүүдөн 24-март чыкты. Бирок эмне өзгөрдү? Биз үлгү кылган өнүккөн өлкөлөрдө "Адамды ишинен, ишинин жыйынтыгынан бил" деген принцип бар. Кадрлар ушул принциптин негизинде - конкурс, тестирлөө аркылуу тандалат. Бизде "колу ийрисине тартат" дегендей.

Эгер биз бул жолдон кайтпасак, башыбыздан дагы көп 24-мартты өткөрөбүз. Анткени, кадр саясатына медициналык термин менен диагноз койсок, ичип-жегенден башканы билбеген бадрактар өлкөнү, элди ичтен кууруп, таза клеткаларды жеп, чоңойуп бараткан шишик оорусундай болуп калды. Эл анын жүгүн көтөрө албай 700 миңдейи тентип, калганы жакырчылыктын сазына белчесинен батып калганы баардыгыбызга белгилүү.
Эгер биз ыкчам өнүгүп бараткан дүйнөлүк экономикага интеграцияланабыз, глобализация Кадр саясатында революция жасап - биз чечкиндүү кадамга барышыбыз керек. Бул оор нерсе. Бирок, башка жол жок. 15 жыл тайраңдагандын, 2 млрд. доллар карызды моюнга илгендин күнү ушул.» деп жазат Шайлообек Назаралиев.
«Агымдын» кабарчысы Асланбек Сартбаев "Үйбүлө" деген макаласында өлкөдө мүлк бөлүштүрүүгө президент Курманбек Бакиевдин үйбүлөө мүчөлөрү аралаша баштаганын сынга алган.
«Акыркы кезде Бакиев-Кулов тандеминин ажырымы анын алдындагы кадрларынан ачык байкала баштады. Эки жээктен куралган аткаминерлер тирешүүсү көпкө узабай калды өңдөнөт. Мындан да бүгүнкүнүн эң башкы саясаты, баягы эле эски "үйбүлөнүн" жолуна түшкөндүгү. Союп каптагандай опокшош. Бул жаңылык да болбой калды, аягы кандай жаңылык болору али белгисиз...
Бакиев-Кулов тандеминин жемиши, чылгый интрига, ит жүрүштөрдүн коштоосунда жарга баратат.
Ал эми дагы бир ызы-чуу, "Пирамида" телеканалынын "үйбүлөнүн" азуусунда тургандыгы коомчулукка "дүң" этти. Куду К.Бакиев А.Акаевдей билмексен, эч нерсени көрбөйт, билбейт.
Баштагы "үйбүлөнү" көргөндүрсүз, көп нерсени жашырып-жаап, тымызын жасачу. А жаңы "үйбүлөнүн" ачык жолго түшкөндүгү коомчулуктун көз кароолунда турат. Эгерде бакиевчилер жолу ушул болсо, анда кай тарапка качары да белгисиз.» дейт кабарчы Асланбек Сартбаев.

Ушул «Агымда» журналист Жылдыз Мусабекова «Бийлик билгенин кылабы?» деп суроо коюп, «Пирамида» телерадиокомпаниясынын айланасындагы чыр- чатакты иликтөөгө алат.
«"Пирамида" ТРК кызматкерлери, депутаттар чогулуп "тегерек үстөл" уюштуруп, ийри отуруп, түз кеңешүүдө "Пирамиданы" алгысы келгендердин башында президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев турарын, Аркан Карив менен Валерий Хайзников шайлоо учурунда президенттин штабында иштешкендерин кабарлашкан.
10-декабрда президенттин пресс-секретары Надыр Момунов "Пирамиданын" тегерегиндеги ызы-чууга президент Курманбек Бакиевдин түз да, кыйыр да тиешеси жок" деп билдирди» деп маалымдайт Жылдыз Мусабекова.

Ушул “Агымдын” кабарчысы Жолдошбек Зарлыкбеков “Элетке инвестиция барып жатабы?” деп суроо коюп, жооп издейт. Ошол макаласынын мазмуну тууралуу автор мындай дейт.

-Кыргызстанда көптөгөн чет фирмалар арасынан айылдарды өнүктүрүү жана аларды инвестициялоо (АРИС) деген уюм бар. Бул уюм башында экс-прем Совмин төрагасы С.Ибраимовдун кызы - Эльмира Ибраимова. Бул уюм бирнече долбоор менен иштеп жатышат. Элет эли бул уюмдун долбоорлорунун таасирин сезип калгандыктан суроо салып жатышат.
Бул агентчилик 2003-жылдан бери Кыргызстандын элетиндеги турмушту оңдоого көмөк көрсөтүп келатат. 350 айылда мектеп оңдоо, ФАП, клуб, жол, көпүрө оңдоого Дүйнөлүк банк 15 млн.доллар, япон өкмөтү - 1,5 млн.доллар бөлгөн. Айыл өкмөттөрү бул уюмдун дарегин билип, арызын жазса, тендерге чыкса жардамга келет. Бул уюм ишин жаңы баштаганда "тендерге чыксак, биздин айыл силерге канча пара беребиз?" деген да учурлар болгонун Эльмира Султановна эскерет. Бул уюмдун проблемалары да жетиштүү - Дүйнөлүк банктын, өкмөттүн келишими боюнча 2007-жылдын акырына чейин 200 гана айылды жабуу керек болсо, азыр эле 347 айылда иштеп жатышат. Каражаттары тартыш тарта баштады. Кыргыз өкмөтү болгону 3,3 млн.доллар гана бөлгөн.
Мындай уюмдардын Кыргызстанда дагы он төрт долбоору бар экен.


13- декабрдагы “Аалам” гезитинде кабарчы Талас уулу Семетей ипотекалык кредит тууралуу кеңири баяндамасы чыкты. Анда батыш өлкөлөрү менен Шериктеш мамлекеттердеги ипотекалык саясат талдоого алынат.

«АКШда ипотекалык кредиттөө мамлекеттин жарандарын турак-жай менен камсыз кылууда 53%ды, Германияныкы 50%ды, Улуубританияныкы 62%ды түзөт, Орусияныкы 1%ды дагы түзө элек. 2005-жылга Орусия ипотекага 500 млн. доллар бөлүп, анын 70%ын 5 ири коммерциялык банктар бөлө тартып 14-17%дык
ставкалар менен 15 жылга элге бергени турушат. Ал эми Кыргызкредит банкы, 3 жылга 24% жылдык ставка менен берет. Бирок баштапкы төлөм катары ала турган тамдын баасынын тең жарымын же 50%ын төлөйсүз. Экобанк менен Энергобанк сүйлөшүп алышкансып 20% жылдык ставка менен 5 жылга беришет, баштапкы төлөмдөрү 30 пайыз» деп жазат автор.

Ушул «Ааламдын» кабарчысы Улан Мамбетов «Пирамида» телерадиокомпаниясынын айланасындагы чыр- чатактын себептерин иликтөөгө алып, «Тараза ташы кайда оойт?» деп суроо коет. Ушул макаласынын мазмуну тууралуу автордун өзүнөн уксак.

Көрсө, "Медиа-Инвест" аттуу компания "Пирамиданын" акцияларынын контролдук пакетин "Ареопаг" фирмасынан өздөрүнө колуна өткөрүп алган экен. Ал эми "Ареопаг" фирмасы 2004-жылдын март айында "Пирамидага" 50% акциясынын ордуна өздөрүнүн инвестициясын салышкан. Бирок, жакында эле алар ошол акцияларды "Медиа-Инвест" компаниясына сатып жиберишкен. Акцияларга ээ болгон телеканалдын жаңы кожоюндары дароо эле "Пирамиданы" реформалай тургандыктарын, жаңылыктар кызматын жоюп, аны көңүл ачуучу каналга айланта турган ойлорун билдирүү менен, анын Президенти Адыл Бийназаровду кызматынан алышкан.
Алардын мындай кадамына телеканалдын жалпы жамааты өздөрүнүн нааразычылыгын билдирип, жогорудагыдай чечимди жокко чыгаруу аракетин көрүшүүдө. Себеби, "Медиа-Инвест" компаниясынын чыныгы кожоюну ким экендиги аларга дагы деле белгилүү болгон эмес.
Бирок, "9-декабрь күнү 2-ирет белгисиз адамдардын тобу Бишкектеги Жантөшөв көчөсүндө жайгашкан "Пирамида" телеканалын басып алууга аракет кылышкан" - деп билдирген аталган каналдын кызматкерлери.
"Пирамиданын" президенти Адыл Бийназаров түзүлгөн кырдаал тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди: "Телекомпаниянын 50 пайыздык акциясын ээлеген "Ароепаг" менен түзүлгөн келишим боюнча телеканал 100 миң доллардык карызын 3 жыл ичинде төлөп бере албаса гана, акцияны башка бирөөлөргө сатууга укуктуу. Ал эми мында болсо, бир жарым жылга жетпеген убакыттын ичинде сатылып жатат".
Талаш-тартышка чекит коюу максатында телеканалдын жалпы жамааты, Ички иштер министри М.Суталиновго, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Т.Айтбаевге жана Башкы прокурор К.Конгантиевге төмөнкүдөй арыз жолдошкон.
Кабай Карабеков болсо, телеканалга көзөмөл жүргүзүүгө аракет кылган "Медиа-Инвест" компаниясына азыркы Президенттин үй-бүлөсүнүн тиешеси бар деген билдирүү жасаган. 10-декабрь күнү К.Бакиевдин пресс-катчысы Надыр Момунов болсо, журналисттер үчүн атайын жыйын өтүп, төмөнкүлөрдү айтып берген: "Азыркы окуяларга, далилсиз эле мамлекет башчысын күнөөлөй берген сөздөр провокациялык мүнөзгө ээ. Канал менчик ишкана болгондуктан, эмне кылууну акциялардын ээлери өздөрү чечет. Эгер бул келишимде бирөөнүн укугу бузулса, алар сотко кайрылышы керек. Ал эми К.Бакиевдин бүгүнкү күндөгү телекомпаниядагы келишимге түз дагы, кыйыр дагы тиешеси жок" - деп тагылып жаткан айыптарды четке каккан.
12-декабрь күнү К.Бакиев, телеканалдын айланасындагы маселени чечүүнү вице-премьер министр А.Мадумаровго тапшырган.

13- декабрдагы “Кыргыз туусу” гезиттиндеги маегинде өлкөнүн финансы министри Акылбек Жапаров эмки жылы экономикалык өсүштөр 5 пайызга болоору болжолдонууда, инфляция төмөндөөрүн, жылдагыдан киреше көп болоорун айткан. Ошондой эле “өлкөдө балдардын абалы, жалпы реалдуулук жана алардын келечеги” деген улуттук форум өткөрүлгөнү жатканы тууралуу “Кыргыз туусу” маалымдады.
13-декабрдагы “Эркинтоо” гезити Конституциянын жаңы долбооруна түрдүү пикир- сунуштарды жарыялады. Ошондой эле элетттен келген каттарга орун берди. Өлкөдөгү сойкулук тууралуу кабарчы Жаркынай Эргешбаеванын “Аялдар базары” аттуу макаласында кеп болот.
Ушул “Эркинтоого” президент Курманбек Бакиевдин өлкөнүн телерадио компанияларынын кабарчылары менен болгон суроо- жооптору толугу менен басылды.
12- декабрда айрым кыргыз окурмандары “Шоокум” аттуу жаңы журналдын биринчи санын колго алышты. Илим, турмуш жана маданият журналдын башкы темасы экенин басылманын ээси “Ыйык Атажурт” коомдук жаштар фондусунун директору Абдулазиз Жолдошев маалымдайт. Журналда каада- салт, улуттук тил, маданият, “Айкөл Манас”, философия, айтыш өнөрү, жаштардын чыгармачылыгы, Кыргыз аскер көйгөйлөрү тууралуу жана башка макалалар жарыяланды.
12- декабрдагы “Вечерний Бишкек” гезити “ Жылдын тандоо” фестивалы өткөрүлүп, 2005- жылдын мыктылары аныкталганын маалымдады. Жылдын мыктыларынын катарында хирург Эрнст Акрамов, кинорежиссер Геннадий Базаров, мэр Арстанбек Ногоев, биринчи вице- премьер- министр Медетбек Керимкулов жана башкалардын ысымдары аталды.
“Пирамида” телерадиокомпаниясынын айланасындагы чыр- чатак тууралуу кабарчы Эльвира Темир жазды

МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУНУН КАНДАЙ ЫКМАСЫ КЫРГЫЗСТАНГА ЫЛАЙЫК?

Азиза Турдуева, Бишкек Учурда коомчулукта Конституциянын жаңыланган долбоорун талкуулоодо өзгөчө талаш тартыштар мамлекеттик башкаруунун ыкмаларына байланыштуу чыгууда. Бир тарап негизинен өлкөгө парламенттик башкаруу туура келет деген пикирде турат. Атаандаш тараптагылардын жүйөөсүндө азырынча президенттик-парламенттик башкаруу Кыргызстанга ылайык.

Өлкөдөгү бир катар саясатчылар азыркы учурда Кыргызстанга туура келген мамлекеттик башкаруу – президенттик-парламенттик башкаруу деген көз карашта. Мындай пикирин саясат таануучу Жолборс Жоробеков төмөнкүдөй билдирди:

Кыргызстандагы мамлекеттик бакшаруунун жана жарандык коомдун өнүгүшүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, бизде президенттик-парламенттик республиканы өнүктүрүү жана күчөтүү үчүн бардык шарттар бар. Биздин Конституцияда президенттик-парламенттик башкаруу каралышы мүмкүн .

Буга чейин президент Курманбек Бакиев мамлекеттик башкарууга байланыштуу Конституцияга киргизиле турган озгөрүүлөргө байланыштуу Кыргызстанга жакынкы жылдары президенттик-парламенттик башкаруу ылайык деген пикирин айткан:


Кыргызстандын азыркы шартында ага президенттик-парламенттик башкаруу туура келет. Анткени, азыр өлкөдө көптөгөн экономикалык кыйынчылыктар бар, элдин турмушу оор. Мындай абалда президентке көбүрөөк ыйгарым укуктар берилиши керек. Анткени, ыкчам чечилиши зарыл болгон көптөгөн маселелер күн тартипке коюлуп калышы мүмкүн. Ал эми парламенттик башкарууда болсо, парламентке кобүрөөк ыйгарым укуктар берилип, мындай маселелер парламент аркылуу өткөрүлүшү керек болуп калат .

Бирок, президенттин мындай пикирине Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү жана бир катар саясий партиялар макул эмес. Мисалы, Демократиялык күчтөрдүн биримдиги партиясы Кыргызстан 2010-жылдан тарта парламенттик башкарууга өтүшү каралган долбоорду сунуштоодо. Партиянын өкүлдөрү белгилешкендей, өлкөдө чыныгы элдик башкарууну орнотуу үчүн пропорционалдык системанын негизинде парламент шайланып, өлкө парламенттик башкарууга өтүшү керек. Мындай пикирди башка партиялар да карманышууда.

Мен Кыргызстан мүмкүн болушунча эртерээк парламенттик башкарууга өтүшү зарыл деп эсептейм. Анткени, азыркы бийликтин аракеттери ушундай маанайда өнүгө берсе, мамлекетке коркунуч келтирилип калышы да мүмкүн. Азыр өлкөнү парламенттик башкаруудан башка мамлекеттик башкаруу куткара албайт дейм. Ошондуктан, парламенттик башкарууга өтүүнү көп создуктурбай эле, Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынышы менен баштоо керек,- дейт «Акыйкат» партиясынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев.

Коомчулукта ошондой эле президент өкмөттү башкарышы керек деген да пикирлер айтылууда. Бул жөнүндө Конституциялык Кеңештин мүчөсү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шергазы Мамбетов буга чейин мындай деп айткан:

Президент өкмөттү башкарышы керек. Жаңы Конституцияда бул жөнүндө так белгилениши зарыл. Ал эми парламент мыйзам чыгаруу ишин жүргүзүшү керек .

Шергазы Мамбетов белгилегендей, президент өкмөттү жетектегенде гана анын жоопкерчилиги күчөйт жана өкмөттү бат-бат алмаштыруулар токтотулуп, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө шарттар түзүлөт.

Ал эми өлкөдөгү бир катар саясий партиялар менен коомдук уюмдар, алардын ичинде “Улуу Биримдик” улутчул-демократиялык, «Асаба» улуттук саясий партиялары, «Ашар» козголушу, «Улут ордо-Кут» коомдук уюмдары мамлекетти башкарууга элдик курултай институтун киргизүүнү сунуштап жатышат. Алардын пикиринде, мындай институттун киргизилиши мамлекеттик бийликтин жоопкерчилигин арттырып, парламенттик түзүлүшкө да каршы келбейт. Бирок, Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасында Элдик курултайдын зарылдыгы жок деген пикирлер да бар.
Өлкөдөгү бир катар партиялар болсо, Кыргызстанга кандай башкаруу ыкмасы ылайыктуулугу Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүдөн мурда элдик рефендум аркылуу аныкталышы керек деп эсептешет.

МАЙЛЫСУУДАГЫ УРАН КАЛДЫКТАРЫНЫН КОРКУНУЧУН ЧЕТТЕТҮҮНҮ ТЕЗДЕТҮҮ ЗАРЫЛ

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри жакында Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнө Майлысуудагы уран калдыктарынын коркунучун четтетүү иштерин тезирээк баштоо маселесин койду. Дүйнөлүк банк үстүбүздөгү жылы дал ушул долбоорго 10 млн. доллар өлчөмүндө каражат караган. Бирок, каражатты жеткирүү жана иштете баштоо жагдайлары кечеңдетилип жаткан эле.

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орунбасары Болотбек Айдаралиев Майлысуудагы уран калдыктары биринчи кезекте жазгы жер көчкүдөн улам ачылып кетиши мүмкүн экендигин баса белгиледи:

Дүйнөлүк банктын миссиясы менен жолукканда биз проблемалардын баарын айтып, ишти тездетүү жагын сурандык. Каражатты тезирээк жеткирсе эле иш тездейт. Айрыкча жазгы жер көчкүлөр коркунуч апкелүүдө бизге. Быйыл эле жер көчкү жүрүп, эки киши жер алдында калып кетти. Майлысуу боюнча 23 жерге уран калдыктары көмүлгөн. Ошо чөлкөмдөрдөн жер көчпөгүдөй шарт түзүшүбүз керек

Болотбек Айдаралиевдин айтуусу боюнча, суу каптоодон улам да уран калдыктарынын сыртка агып чыгыш коркунучу бар:

Экинчи маселе, Майлысуудагы айлампа сайга дамба куруп, суулардын түбүн бекемдебесе болбойт. Анткени, айрым уран калдыктары көмүлгөн жерлер ошо сууга жакын жайгашкан.

Майлысуудагы уран калдыктарынын кесепети бир эле Кыргызстан үчүн эмес, Өзбекстан үчүн да өзгөчө коркунучтуу. Анткени, мындагы дарыялар бүт бойдон Өзбекстан аркылуу агат. Ага карабастан Өзбекстан бул маселеге акыркы кездерде артын сала баштагандыгы жөнүндө Болотбек Айдаралиев мындай деди:

- Өзбекстан өкмөтү менен түзүлгөн келишимибиз бар. Ошонун негизинде алар мурда геологдорун жиберип көмөктөшкөн. Бирок, биз суранган көлөмдө алгылыктуу иштерди жасабады.Дүйнөлүк банкка ишенип алар өз салымын толугу менен кошкону жок.

Уран калдыктарынан Майлысуунун эли кандай кооптонуп жаткандыгы жөнүндө Майлысуу шаар акиминин биринчи орунбасары Анарбек Кулумбетов сөз кылат:

- Майлысуунун эли ошо уран калдыктары жайгашкан аймактарга мал жаят. Жабылган жерлер жукарып баратканга, ал жак, бул жактарынан жер көчкү жүргөнгө, суу жеп баратканга аябай кабатыр. Мунун зыяндуулугу өтө жаман. Суу менен кетсе - айрыкча Майлысуу элине, андан ары Бүргөндү, Маданият аймактарына, анан Өзбекстанга жамандык апкелет.

Анарбек Кулумбетов Майлысуудагы уран калдыктары СССР доорунда жакшылап көмүлгөнү менен, азыр ачылып баратканын белгиледи:

Аксакалдардын айтуусу боюнча, калдыктар убагында жакшылап эле көмүлгөн экен, бирок, камкордукка алып турчу Союз жоголгондон кийин бара-бара айрымдары темир арматураларына чейин ачылып калды

Ушундай зарылдыктардан уран калдыктарынын коркунучтуулугун четтетүү иштерин жазга калбай арбытуу керек болуп турат. Коюлган маселени Дүйнөлүк банктын Стайджестик мырза баштаган өкүлдөрү да туура кабыл алгандыгын Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орунбасары Болотбек Айдаралиев кошумчалап өттү:

Ишти тездетүү жагына жардам беребиз дешти. Жаңы жылдан баштап этап-этабы менен каржылай баштайт, буюрса.

ӨЗБЕК ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ ҮЧҮН АДАМ ӨМҮРҮ КЕП ЭМЕС

Сабыр Абдымомунов, Баткен 11-декабрь күнү Чекелик кыргыз-өзбек чегара тилкесинде Өзбекстандын чегарачылары тарабынан атылган кыргызстандык жаран Жамалидин Мурзаюсуповдун абалы өтө оор. Учурда ал Фергана райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө дарыланууда. Дарыгерлердин айтымында атылган ок Жамалидин Мурзаюсуповтун баш сөөгүнүн сол жагын көзөп өткөн.

Кадамжай районуна караштуу Халмион айыл өкмөтү туш тарабынан Өзбекстандын айылдары менен чектеш жайгашкан жана бул аймакта буга чейин эле көптөгөн кыргыз өзбек ортосунда пикир келишпестиктер көп болуп келген. Ал эми эми 11-декабрдагы окуя жергиликтуу элдин арасында кыйла кооптонууну туудурду.

Окуяны өз көзү менен көрүп, ок атууну токтотушка аракет кылган Мураджан Азимов ошол учурда өзүнүн жүгөрүсүн кошуналаш турган Вадил базарына алып баратып, чегарачылар тарабынан кысымга алынып жаткан.

Жамалидин менен 10 мүнөттөй сүйлөшүп туруп, анан Жамалидин машинесин жүргүзүп жөнөп калды. Артынан солдат автоматын кармап жүгүрдү. Мен атпа деп кыйкырдым. Артынан кууп барып атты эле машине жолдун четиндеги даракты сүзүп токтоду. Солдаттар менен кошо барып эшикти ачсак Жамалидиндин ок башына тийип тирүү кырылдап жаткан экен. Мен тез ооруканага алып баралык десем, чегарачы "эй, ал эчак эле өлүп калган" дейт. Мен өлгөн жок деп отуруп ооруканага жеткирдик-, деди окуянын күбөсү Мураджан Азимов.

Чегарадагы ушундай кыйынчылыктар кыргыз бийлигинин элге кызмат кылуудан алыстыгынан келип чыгууда деген пикирин Чекелик айылынын тургуну Абдирашит Сатыбалдыев билдирди.

Бир эле чегара эмес, бардык бажы постторунун өтүүдө биздин адамдар материалдык жактан да, моралдык жактан да көп азап тартышууда. Өзбекстандын аймагына өткөндөн кийин, сен эч ким эмессиң, жок дегенде бир кичинекей жандыкчалык көрүшпөйт. Биздин бийлик элден алыстыгынан мына ушул азапты элибиз тартып жатат,-деди Чекелик айылынын тургуну Абдирашит Сатыбалдыев.

Ок жеген Жамалидин Мурзаюсуповдун бир тууган агасы Имамидин Мурзаюсупов, 12-декабрь күнү Улуттук каналдын Ала- Тоо программасынан кеткен маалыматка өтө нараазы экенин билдирип, төмөнкүлөрдү кошумчалады.

Алатоо программасынан айтылган нерсеге мен каршымын жана нараазымын. Эч кандай эки жолу атылган эмес, эскертүүчү ок да чыгарылган эмес. Мен билбейм, КТР кай жерден малымат айтып кимлен укканын.
Имамидин Мурзаюсуповдун айтымында Жамалидин Мурзаюсуповдун абалы өтө оор. Анын мектепке барган эки кыз, бир уулу бар.

БИШКЕК ШААРЫНЫН БЮДЖЕТ ДОЛБООРУ КООМЧУЛУКТУН СЫНЫНА КОЮЛДУ

Бишкек шаарынын келерки жылга бюджетинин долбоору биринчи жолу жалпы шаардык коомчулуктун талкуусуна коюлду. Талкуунун максаты – баш калаанын казынасындагы каражаттардын эмнеге жумшалары жөнүндө калкка ачык-айкын маалымат жеткирүү болуп саналат.

2006-каржы жылына шаардык бюджет долбоорунда 1,5 миллиард сом каралды. Шаардык кеңештин депутаттарынын билдиргенине караганда бул каражат жетишсиз, анткени шаардык инфраструктурага 3-4 миллиард сом акча каражат талап кылынат.

Буга чейин шаардык бюджет мэр тарабынан гана каралып келген, ал эми 2006-жылдын бюджетинин түзүлүшүнүн бир өзгөчөлүгү - шаардык бюджет коомчулуктун жана депутаттардын сунуштарынын негизинде түзүлдү.
Бюджеттик угуулардын максаты- элге шаардык бюджетте канча каражат бар экендигин, алар кайсы тармактарга эмне себептен жумшалып жаткандыгы тууралуу маалымат берүү болуп саналат. Жер-жерлерде жашаган тургундар өз сунуштарын айтышса, бюджетте каралган приоритетүү маселелер өзгөрүшү мүмкүн, - деп айтты Бишкек шаардык кеңештин төрайымы Нуржамал Байболова.



Нуржамал Байболованын айтымында, бюджеттин долбоорун түзүүдө коомчулуктан түшкөн пикирлер жана сунуштар сөзсүз түрдө эске алынат:

Белгилей кетчү жагдай, элден түшкөн сунуштар, пикирлер сөзсүз түрдө шаардык кеңештин депутаттары тарабынан талкууга алынат, балким бюджетке да кирип калат.


Бюджетти даярдоо-бул жыл сайын кайталануучу иш чара, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жана жарандардын алдына шаардын келечеги учүн чыгымдар жана инвестициялар боюнча приоритеттерди аныктоо маселелерин коет.
Шаардык кеңештин каржы башкармалыгынын жетекчиси Абдувалим Нишановдун айтымында, бюджетте каралган каражаттын негизги бөлүгү билим берүү жана саламаттык сактоо тармактрына жумшалат:

Бюджетте каралган каражаттын 62,8 пайызы саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарына жумшалмакчы. Мындан тышкары шаардын тазалыгына көңүл бурулат, негизине таштандыларды алып чыгуу, көчөлөрдү жарык менен камсыз кылуу, жолдорду оңдоого да каражат бөлүнөт.

Мындан сырткары бюджеттин долбоорунда белгиленгендей, коомдук тартипти камсыз кылууга жалпы чыгымдар 46 миллион 271миң сом суммасында пландаштырылды. Ал эми транспорттук чыгымдары 14 миллион 70 миң сомду түзөт. Бул берене боюнча транспорттук каражаттарды күтүү жана күйүүчү-майлоочу материалдарды, запастык тетиктерди сатып алууга чыгымдар каралган.

Өлкөдө күйүүчү майдын баасынын жогорулашы менен коомдук транспортто жүрүүнүн акысы да кымбатташы мүмкүн.
Эгерде күйүүчү майлар көп суммадагы акчага кымбаттаса, элдин турмушу да кыйындап калат. Транспортто жүрүү акысы да жогорулашы мүмкүн.Мына ушул жагдайды биз бюджеттин долбоорун түзүп жатканда эске албай калыптырбыз. Бул биздин кемчилигибиз. Бирок кошумча акча таап бул маселелерди чечүүгө аракет кылуудабыз,- деп Абдувалим Нишанов “Азаттыкка”.


“Демократия жана жарандык коом”Коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов жаңыдан күч алган бюджеттик угуулардын механизмдерин жакшыртуу керек деген пикирде:

Менин оюмча, бюджеттик угуулардын механизмдери бизде жетишерлик деңгээлде иштелип чыыкан эмес. Ошону үчүн анын механизмдерин жакшыртышыбыз керек, коомчулуктун пикирин эске алып түзүлгөнүн туура деп эсептейм.

МАМЛЕКЕТТИК ГЕЗИТТЕРДИН РЕФОРМАСЫ КАЯККА БАРАТ?

Президент Курманбек Бакиев мамлекеттин карамагында болуп келген «Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттерин жана облустук басылмаларды акционерлештирүү боюнча жарлыкка Өткөн жумада кол койду. Анда айтылгандай, бул кадам мамлекеттик маалымат каражаттарынын коомчулуктагы ролун жогорулатуу максатында жасалган жана гезиттердин окуяларды калыс чагылдыруусуна шарт түзмөкчү. Бирок, басылмаларды акционерлештирүү кандай негизде ишке ашаары белгисиз бойдон калууда.

Мамлекеттик маалымат каражаттарын көз карандысыз кылып бөлүү зарылчылыгы тууралуу маселе март айындагы ыңкылаптан кийин козголгон эле. 8-декабрь күнү президент Курманбек Бакиев мамлекеттин ээлигиндеги «Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттерин жана облустук мамлекеттик администрацияларга баш ийген басылмаларды акционерлештирүү боюнча жарлыкка кол койду. Бирок анда акционерлештирүү кандай жол менен жүрөөрү тууралуу ачык айтылган эмес. Ушундан улам, коомчулукта бул басылмалар көз карандысыз маалымат каражаттарынын катарын толуктайбы же айланып келип, кайра эле өкмөттүн чоорун тартышабы деген пикир туулууда. Акционерлештирүүгө туш болуп жаткан гезиттердин бири—«Слово Кыргызстана» басылмасынын редакторунун орун басары Олег Хибарев президенттин жарлыгы тууралуу кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми «Кыргыз туусу» басылмасынын башкы редактору Бакыт Орунбеков гезиттин эмгек жамааты муну кубануу менен кабыл алышкандыгын, бирок жарлыкта кандай жол менен акционерлерштирүү тууралуу ачык айтылбай бүдөмүк калганы түшүнүксүз болуп жаткандыгын билдирди:

-Менимче биз өкмөт менен иштешет болушубуз керек. Азырынча сүйлөшүүлөр баштала элек. Бизге деле бүдөмүк болуп жатат.

Бакыт Орунбековдун айтымында, гезиттин жамаатынын атынан акциянын басымдуу бөлүгүн эмгек жамаатына калтыруу туурасында өкмөткө сунуш жиберилген. Бирок ошентсе да, эгер акционердик коом болуп өз алдынча бөлүнгөн соң, гезитти баштан-аяк өзгөртүүгө туура келет:

-Гезиттин ишин кайрадан толук уюштуруп чыгып, реформа жүргүзүү керек. Бул кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө жүргүзүлө турган реформа болууга тийиш. Гезит сөз эркиндиги үчүн иштеш керек. Андагы жарыяланган макалалар демократиянын принциптерине туура келсе, базар экономикасына тиешелүү мамилелердин механизмдери бул гезитте иштесе жана башка уюштуруу иштери жолго коюлса, гезит бутуна туруп, жашап кетет.


Айрым байкоочулардын айтымында, акционерлештирүү болгондо деле акциянын кандайдыр бир бөлүгүн мамлекет өзү алуусу мүмкүн. «Кыргыз туусу» гезитинин эмгек жамааты деле буга каршы эмес. Аталган басылмада 24 жылдан бери иштеп келе жаткан кабарчы Бермет Маткеримова гезит эркин болгондо калыстыкты кармай алат деген сөзүн айтты:

-Биз бөлөк бирөөнүн колуна түшүп, анын сөзүн сүйлөгүбүз келбейт. Баарына белгилүү, биз мамлекеттик гезит болгондугубуз үчүн көп жабыр тартып келдик. Ортодо турган учурда да мамлекетти колдоп атат деп күнөөлөп, «Кыргыз туусунун» атына да бир топ шек келип калды. Ошондуктан, биз дагы кимдир бирөө үстүбүздөн туруп алып, өз оюн таңуулаганын кабыл ала албайбыз.


Ал эми журналисттер кошуунунун төрагасы Азамат Калман акциянын көзөмөлдөөчү пакетин мамлекет өзү алып калса, анда гезиттердин багыты өзгөрбөгөн бойдон калуусу мүмкүн деген оюн билдирди:

-Эгерде мамлекет минтип митайым жүрүштөрдү жасап, акциянын көзөмөлдөө пакетин өзүнө ала турган болсо, анда бул жарлыктын кереги деле жок болуп калат.


Кээ бир байкоочулар сөз эркиндигинин кемеси чайпалып турган учурда, аталган мамлекеттик гезиттер мындан бир нече жыл мурун үй-бүлөнүн карамагына өтүп кеткен «Вечерний Бишкек» гезитинин кейпин кийип калуусу мүмкүн деген пикирлерин айтышууда. Журналист Алым Токтомушевдин ою боюнча, бул бийликтин жүргүзгөн саясатына байланыштуу болот.

Мамлекеттик басылмаларды акционерлештирүү тууралуу президенттин жарлыгында шаардык жана райондук кеңештерге баш ийген гезиттер жөнүндө кеп болгон эмес. Аталган жарлыкты ишке ашыруу өкмөткө тапшырылган. Президенттик маалымат кызматынын өкүлү Досалы Эсеналиевдин айтымында, вице-премьер-министр Адахан Мадумаров жетектеген жумушчу топ бир айдын ичинде мамлекеттик басылмаларды акционерлештирүүнүн жолдорун аталган гезиттердин эмгек жамааттары менен жолугуп, акылдашып чечишет. Ошол эле жумушчу топ шаардык жана райондук мамлекеттик администрацияларга баш ийген басылмалардын тагдыры тууралуу да иш алып барышууда.
Бирок байкоочулар мындай жол менен акционерлештирүүдөн райондук, шаардык жана облустук мамлекеттик администрациялар тарабынан каржыланып жашап келген басылмалар барып-барып жашоосун токтотуусу да мүмкүн экендигин айтып жатышат.

ТАЗА СУУ» ПРОГРАММАСЫ: АЗЫ ЖЕТИП, КӨБҮ КАЛДЫ

Дүйнөлүк банк, Азия өнүгүү банкынын колдоосу менен беш жылдан бери Кыргызстанда «Таза суу» долбоору ишке ашырылууда. Баш-аягы 70 миллион доллар акча сарпталган жумуш аягына чыкса 600 жакын айыл-кыштак эли таза сууга жетмек. Республика калкынын жарымына жакыны гана таза суу менен камсыз болгон. Долбоорду толук ишке ашыруу амалында Кыргызстан эларалык каржы уюмдарынан дагы 60 миллион доллар акча суроодо.

«Таза суу» долбоору бир нече ирет парламентте, 12-декабрда болсо өкмөттүк жыйында талкууланды. Айыл жана суу чарба, кайра иштетүү өнөр жай министри Абдымалик Анарбаевдин билдиргенине караганда, долбоорду ишке киргизүү алдында миңге жакын айыл-кыштактын суу түтүктөрүн оңдоп, жаңыларын коюу пландаштырылган.

- Бирок да кийинки жылдардагы инфляциянын, курулуш материалдарынын, жабдуулардын кымбатташынан айыл-кыштактардын саны 560 чейин кыскартылган. Ушу тапта долбоордун аркасы менен 226 айыл-кыштактын 350 миң ашуун калкы таза суу ичип калышты. 188 айылда суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Буга 1 миллиард 270 миллион ашуун сом акча жумшалды. 2007-жылдын аягына чейин 560 айыл-кыштакта жашаган 1 миллион 200 миң адам таза суу менен камсыз болушат, - деп билдирди Абдымалик Анарбаев.

Долбоор боюнча жалпы ишке айыл калкы да катышып, кетчү чыгымдын 5% өздөрү көтөрүп, кара жумушуна кол кабыш кылуусу абзел. Башында 1000 айыл деп демдүү башталган ишти утурлап жергиликтүү жетекчилер элден акча чогултууга киришкен. Акча чогулткандардын баарына эле суу түтүктөрү коюлбай калгандан кийин элден түшкөн 38 миллион сомду эми кайтаруу керекпи же жокпу суроосу Айыл жана суу чарба кайра иштетүү өнөр жай министрлигин ойлонтуп отурган кези.

Министрликтин суу менен камсыздоо департаментинин жетекчиси Нурмамат Муллакелдиевдин ырасташынча, чогулган акчанын теңине жакыны сарпталынып кеткен.

- Азыр 17,5 миллион акча жетпейт. Анткени, ал акчаларын топтобогон айылдарга иштелип кеткен. Буга эл нааразы болушу мүмкүн. Ошондуктан биз жарым жыл ичинде ошол акчаны чогултуп ордуна коюшубуз керек. Антпесек, эл алдында чоң уят болуп калабыз.

Үстөк пайызы жок карыз акчаны дагыле кыргызстандыктар кайтарып бере турганын айтып, Коргоо министри Исмаил Исаков элдик өкмөт кредит алууну токтотуу керек, деген сунушун киргизди.

- Эмнеге дагы транш бергиле деп жүгүрөбүз. Менимче, кийинки траншты алууну токтотуш керек. Эгерде нак бийлик – элдик бийлик келсе муну токтотушубуз керек. Бул - Кыргызстандын келечеги, Кыргызстандын коопсуздугу, Кыргызстандын генетикалык тазалыгы. Токтомго ушундай деп жазыш керек.

Опсуз чоң акча сарпталган курулуш иштеринин кыйласы чала-чарпыт бүткөрүлгөнү, ачык тендерден утуп алган курулуш компанияларынын кыйласынын жадесе кетмен-күрөгү жок экени өкмөттүк жыйында көп айтылды. Азия өнүгүү банкынын долбоор жетекчиси Роберто Ло Чичеро Вайна Кыргызстанда лицензия алуу текейден арзан экенин белгилеп, тандалып алынган 55 подряддык уюмдардын 22 менен келишимди үзүшкөнүн маалым кылды.

- Бизде жакында мындай окуя болду. Эки подряддык уюм тендерди утуп алышкан. Биз алардын жайгашкан жерине барсак жарыгы жок, жадесе телефону жок, эч кандай жабдуусу жок, аты эле бар уюм экен. Мындай болбош керек. 102 жерде иштеген 55 подряддык уюмдардын 22 мындан ары биз менен иштей албайт.

Эларалык каржы уюмдарынын көмөгү менен башталган иштин алешемдиктери көп болуп чыкты. Бишкекте отуруп айылга келчү суу түтүктөрүнүн чиймесин карта боюнча чийип салуу, элден жыйналган акчалардын так эсеп-чотунун жоктугу, суудан кыйналган айылдардын кыйласы баам сыртында калып кеткени калк арасында нааразылыктан башканы жаратпашы турган иш. Эгер иш убагында талапка ылайык бүткөрүлбөсө кийин келчү 60 миллион доллар транш тууралуу ойлонбой деле койгон оң экенин экономика жана каржы министри А.Жапаров билдирди.

“ПИРАМИДА” ПИКЕТКЕ ЧЫКТЫ

Чолпон Орозобекова, Бишкек “Пирамида” телерадиокомпаниясынын кызматкерлери жана алардын таламын талашкан журналисттер бүгүн Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыгышты. Алар сөз эркиндигине кол салууга бийлик жол берип жатат деп нааразылык билдиришти.

Парламент астында «Пирамиданын» кыркка чукул кызматкери колдоруна плакаттарды кармап турушту. Пикетчилер «сөз эркиндигин бууй албайсыңар» деген белги катары ооздоруна ак чүпүрөк байлап алып чыгышты. Пирамидачыларды колдоо катары алар менен кошо айрым журналисттер да турушту. «Слово Кыргызстана» гезитининин баяндамачысы Анатолий Головничев бийлик алмашуудан кийин эми маалымат мейкиндигине кол сала башташты деген оюн айтты:
- Бул оңбогон иш. Менчик бөлүштүрүү жүрүп деп атышпайбы. Эми болсо минтип маалымат мейкиндигине кол сала башташты. Бир базар жөнүндө сөз жүргөн жок, атуулдардын маалыматка болгон укугуна кол салынып жатат,- дейт Слово Кыргызстана гезитинин өкүлү.

«Интерньюс» уюмунун продюссери Динара Сүймалиева да пирамидачыларды колдоп, алар менен кошо парламент астында турду. «Заар калем» берүүсүнүн автору бул маселеге карата азыркы бийлик өкүлдөрүнүн анчалык калыс эмес мамилеси көрүнүп атат деген ойдо:
- Эгер жаңы бийлик Пирамида каналын эски үй- бүлөөнүн таасиринен бошотуп, чыныгы эркиндикке койо берсе мактанарлык иш болмок. А эгер биз үй- бүлөөлүк каналды башка үй-бүлөө каналына алмаштырып атсак, андай эч айрымасы жок да,- дейт Динара Сүйүмалиева.

Пирамидачылар азыркы бийлик өкүлдөрү телеканалдын айланасындагы кырдаалга көңүл бурбай атканына нааразы болушууда. Башкы редактор Элина Чернявская вице-премьер министр Адахан Маудмаровго ишеним көрсөтпөй тургандыктарын билдирди.

Президенттин маалымат кызматы таркаткан маалыматка караганда президент Курманбек Бакиев "Пирамиданын" айланасындагы кырдаалды териштирип, чара көрүүнү Адахан Мадумаровго тапшырган.
«Пирамиданын» кабарлар бөлүмүндө иштеген Алмаш Шабданалиеванын айтымында, алар бир гана депутаттардан калыстыкты күтүп атышат.
-Бийлик өкулдөрү биздин маселеге көңүл бурсун деп аргасыздан пикетке чыгып отурабыз. Мына канчадан бери айтылып атса да, эч ким көңүл бурган жок. Азыр биз парламенттин депутаттары коргоп калат го деп үмүт кылып атабыз, -дейт Алмаш Шабданалиева.

"Кабарлар" берүүсүнүн алып баруучусу Анастасия Кириллова Азаттыкка мындай таасирлери менен бөлүштү:
-Жагымсыз болот экен. Жумуштан караңгыдан чыгып баратсаң, өтө бийик тепкичтен түшүп баратсаң жарыкты өчүрүп салып атса, анан эле гүрсүйгөн бир байкелер келип коркутуп кирсе, жаман эле болот экен. 5 мүнөттө бул жерден жоголбосоң, мурда болуп көрбөгөндөй окуяга кабыласың деп коркутушту. Баса, алар мамлекеттик номердеги машиналар менен келишти,- дейт Анастасия Кириллова.

Пикетчилерге Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Темирбек Токтогазиев чыгып, атайын депутаттык комиссия иштей баштаганын кабарлады. Анын айтымында, 14-декбарда тиешелүү комитетте бул маселе каралат жана жуманын соңуна чейин депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктайт.

«Медиа- инвест» компаниясынын өкүлдөрү 12- декабрда АКИ- пресс агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, азыркы бийликтин да, президенттин баласы Максим Бакиевдин да эч кандай тиешеси жок деп билдиришти. Аталган компаниянын юристи Илларион Адамяндын айтымында, «Пирамиданын» уставдык капиталынын 50 пайызына ээлик кылып келген «Ареопаг-Бишкек» компаниясы менен азыркы «Медиа-инвесттин» кожоюндары бир. «Пирамида» боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Кубатбек Байболовдун айтымында, 14-декабрда комиссиянын алгачкы жыйыны болот. Ага чейин бардык материалдар менен таанышып чыгып, бардык тараптарды тең угуп чыгышмакчы.

БЕКНАЗАРОВ ПАРЛАМЕНТКЕ ТӨРТҮНЧҮ ЖОЛУ ПАРТИЯСЫ МЕНЕН КОШО КЕЛЕТ

Аксы шайлоо округунан кайрадан шайланган депутат Азимбек Бекназаров Конституцияга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун экс-президент Аскар Акаевдин реформаларынан да алсыз аракеттер катары сынга алууда. Мындай пикирин экс-башкы прокурор 12-декабрда Жогорку Кеңеште өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Бул күнү Бекназаров Жогорку Кеңештин депутаты катары ишин баштады.

Азимбек Бекназаров депутат болуп Аксы шайлоо округунан үчүнчү ирет шайланып отурат. Төртүнчү жолку шайлоого эми жеке өзү эмес, анын партиясы барат. Маалымат жыйынында депутат ушундай ишенимин билдирди. Ал мамлекет башкаруунун парламенттик жолун тандап алышы керек деп эсептейт, ошондуктан, талкууга коюлган жаңы долбоорду колдобойт:

- Биз бүгүн элдин талкуусуна коюлган долбоорго каршыбыз. Биз ага макул эмеспиз. Бул баягы эле Акаевдин 6-7-реформасынан алыс кете алган жок. Андан дагы күчсүз.

Ошондуктан, «Кыргызстан» саясий блогуна кирген саясий партиялар 24-декабрда коомчулуктун кеңири чөйрөсүнүн катышуусунда өзүнүн 6-курултайын өткөрүп, анда мамлекетти башкаруунун формасын референдум аркылуу аныктоону президентке сунуш кылмакчы. Бул курултайга президент баштаган расмий жетекчилер да чакырылат. Координациялык кеңештин бүтүмүнө караганда, Конституциялык реформан ушундай кийин гана баштоо керек.
«Кыргызстан» саясий блогуна кирген тогуз партиянын бири, «Эрк» саясий партиясынын төрагасы, дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бектур Асановдун айтымында, башкаруу формасын тандоо маселеси жаңы бийлик келгенден кийин гана көторүлдү:

- Чынын айтуу керек, башкаруунун кайсы системасын тандап алуу жөнүндө пикир да болгон эмес революцияга чейин. Революцияга чейинки негизги максатыбыз режимди кулатуу, Акаевди бийликтен кетирүү гана болгон… Менин оюмча, революция жасаган «Кыргызстан» кыймылынын тегерегиндегилер бир пикирге келип, бир позицияда болгону туура.

Анткен менен, «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын төрагасы Бекназаров азыркы бийликке оппозицияда болорун ачык айткан жок. Белгилеп койчу жагы ал башкы прокурордук кызматтан алынгандан кийин уюштурган маалымат жыйынында оппозицияга кетерин жарыялаган. Бул жолу анын позициясы эл менен бирдей экенин билдирди :

- Менин позициям – элдик позиция. Ошондуктан, бүгүн революциядан кийин бийликке келип алдык деп эле меен позициямды, саясатымды өзгөрткөн жокмун. Ошол бойдон калам. Эгер президент биз мененмин десе, биз менен болот. Президент жок, силер туура эмес кылып атасыңар десе, биз менен болбойт.

Саясатчынын айтымында, ал башкы прокурдук кызматтан түшүп, депутат болгонго чейинки аралыкта президент Курманбек Бакиев менен үч ирет жолугушту. Бул жолугушуулардын биринде Аксы окуясына байланышкан маселе да талкуулап, президент окуяга баа берүүгө байланышкан маселени аягына чыгарарын убада кылган. Бекназаровдун шайлоочулары акыркы айларда бир нече ирет жыйын куруп, президент Курманбек Бакиевдин кызматтан кетишин талап кылышкан. Мындай талаптар кийинчерээк Коопсуздук кеңешинде жаңы башкы прокурор Камбараалы конгантиев тарабынан коомдо чыңалуу жаратуучу көрүнүштөрдүн бири катары сынга алынган:

- Тартип коргоо органдары тарабынан митинг уюштуруучулардын ысымдары белгилүү болсо да, аларга карата иш жүргөн жери жок. Ички иштер, коопсуздук кызматтарынын ушундай окчун мамилеси, Аксы окуясынын жана экс-прокурор Бекназаровдун айланасында чыр-чатак жагдайы бизге баш калааны көздөй жаңы жүрүштү, массалык тартипсиздикти алып келиши ыктымал.

Бекназаров болсо өзү башкы прокурор кезинде көтөргөн демилгелер уланып атабы-жокпу, бул маселени депутат катары иликтерин журналисттерге билдирди.

Дагы бир белгилеп койчу жагдай, 24-декабрда өтө турган курултайда «Кыргызстан» бирикмеси 24-март окуясына да саясий баа берүүнү көздөп жатат. Акаев бийлигине оппозицияда болуп келген саясатчы өзү ыңкылап болгондугуна бекем ишенет, бирок, соңунан ревоюциялык жолду эмес, укуктук жолду тандап алууну олуттуу катачылык катары санайт:

- Себеби, Аскар Акаевичти алмаштырып койгондон кийин биздин революциялык максаттарыбыз ишке ашкан жок. Коомубуз, өкмөт менен мамлекеттик бийликтин бутактары мурдагыдай эле стиль, методдор менен иштеп атат. А биз мурдатан ушу режимди, системаны алмаштырабыз деп жүргөн саясатчылар ушу Акаевдин кетиши менен эле токтоп калбайбыз.

КӨЧҮП КЕЛГЕН КЫРГЫЗДАРДЫН ЖАРАНДЫК АЛУУ КЫЙЫНЧЫЛЫГЫ АЗАЙДЫ

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жарандык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө макулдашуу үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрынан тартып өз күчүнө кирди. Эми бир нече жылдан бери жарандыгын ала албай жүргөн этникалык кыргыздардын абалы бир кыйла жеңилдейт.

Учурда Кыргызстанда Тажикстандан келген 10 миңден ашуун этникалык кыргыздар бар. Тажикстандагы жаңжалдан качып келишкен этникалык кыргыздардын эң эле орчундуу көйгөйлөрүнүн бири- Кыргызстан жарандыгын алуу маселеси болуп саналат. Жарандыктын жоктугу жумушка кирүүдө, балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн алууда, никени каттоодо, кыймылсыз мүлктү сатууда же болбосо сатып алууда көптөгөн кыйынчылыктарды туудурат.

Биздин фонд Тажикстандан келген этникалык кыргыздар менен тыгыз байланышта иш алып барат. Алардын суранганы-жарандыкты алуу маселесин чечип берүү. Анткени алар медициналык жактан жардам алууда кыйынчылыктарга дуушар болушат. Мындан тышкары балдардын көбүнүн туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү жок, алардын билим алуусу да чоң маселе,- деди Миграция фондусунун башчысы Алмаз Асанбаев

Ал эми этникалык кыргыздардын кызыкчылыктарын колдоп келген “Адат” бейөкмөт уюумунун лидери Нимон Абдысатаров кыргыз жарандыгын ала албай жүргөн этникалык кыргыздардын абалы тууралуу мындай деди:

Мен өзүм Кыргызстанга Тажикстандан 1995-жылы келгем. Мен жарандыкты алгам, бирок жубайым ушул күнгө чейин ала албай жүрөт. Ал эми паспорту жок этникалык кыргыздардын абалы өтө оор, алар кандайдыр бир мүлктү сатып алууга, аны сатууга укугу жок. Шаарга да бара алышпайт, анткени эч кандай документтери жок.

Тажикстандан жана Өзбекстандан келген дагы миңдеген этникалык кыргыздар мына ушундай абалда жашоодо. Алар өздөрүн укуксуз жана тагдырдын жолунда колдоосуз калгандай сезишет.

1994-жылы суверендүү Тажикстандын баш мыйзамы кабыл алынгандан кийин тажикстандык мекендештердин кыргыз жарандыгын алуу өнөктүгү бир кыйла оорлогон, анткени алар биринчи Тажикстандын жарандыгынан чыгып, анан кийин Кыргызстандын жарандыгын алышы керек. Эки өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, бир өлкөнүн жарандыгынан чыгып, башка жарандыкты алуу көптөгөн каржатты талап кылат жана узак мөөнөткө созулат.

Мына ушул маселени чечүүдө эки мамлекет тараптан жарандыкты алууну өнөктүгүн жеңилдетүү боюнча атайын келишимдин долбоору иштелип чыгып, 2004-жылы 26-майда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган. Ал эми 2005-жылы12-июлда бул келишим парламент тарабынан ратификацияланган .
Миграция боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Досмир Узбековдун билдиргенине караганда, үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында бул келишим күчүнө кирди:

30-ноябрда Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда жарандык алуунун жөнөкөйтүлгөн тартиби дөнүндө макулдашуу өз кучунө кири. Эми жарандыгы жок этникалык кыргыздар тиешелүү органдарга барып, арыз жазып 3 айдын ичинде кыргыз жарандыгын ала алышат. Биз да Тажикстандагы кыргыз элчилигине кайрылабыз, алар керектүү документтерди бизге жиберишет, ошонун негизинде биз бардыгын текшерип жарандык алуу маселесин чече баштайбыз.

Тажикстандан келген кыргыз атуулдарына Кыргызстандын жарандыгы жөнөкөйтүлгөн тартипте бериле тургандыгын Досмир Узбеков айтса, паспорт жана виза маселеси боюнча башкармалыктын жетекчиси Эркин Арапбаев кыргыз жарандыгын алуунун эрежелерине токтолду:

Жарандыкты алуу үчүн мурдагы жарандыгынан баш тартуу жөнүндө арызды, паспортту жана жарандын ким экендигин тастыктаган документти, жарандыкты алуу жөнүндө арызды,2 сүрөттү жашаган жери боюнча паспорт структураларына тапшыруусу зарыл. Жарандык алуу өнөктүгү 3 айдын ичинде чечилиши керек.

Тарыхый жана башка себептерден улам өз мекенинен сырткары жашап келаткан кыргыздарТышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда 600миңге жакын.

АЛЫКУЛ ОСМОНОВДУН ДҮЙНӨДӨН КАЙТКАНДЫГЫНЫН 55 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

12-декабрда бир катар калемгерлер, маданият ишмерлери, окурмандар чогулуп, “Аларча” көрүстөнүндөгү Алыкул акындын күмбөзүнө гүл коюп, куран окутушту. Андан кийин Алыкул Осмоновдун үй-музейинде эскерүү кечесин өткөрүштү.

Алыкул Осмоновдун каза болгон кезин акындын Бишкектеги үй-музейинин деректири, Алыкул изилдөөчү Памирбек Казыбаев, документ-маалыматтарга таянып, мындайча эскерди:

1950-жылы ушу 12-декабрь күнү 35 жашында Алыкул дүйнөдөн мезгилсиз өткөн. Биз мына Алыкулдун үйүндө турабыз. Акындын сөөгү ушул үйдөн чыккан. Айрым маалыматтар боюнча, Алыкул каза болгондо эч ким кабар албай, ушул үйдө эки күн жатып калган дейт. Ал эми Болотбек аттуу жээнинин эскерүүсүндө, анын апасы – Алыкулдун эжеси жанында болгон. Болотбек догдур чакырып келген. Кыскасы, эки түрлүү маалымат бар. Кайсынысы чын экендигин Кудай өзү билет.

Памирбек Казыбаев Алыкул менен коштошуу расмиси тууралу буларды кошумчалады:

Алыкул менен коштошуу расмиси мурдагы драмтеатрда өткөрүлгөн деп жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков эскерет. 17- декабрда жерге коюлгандыгы анын “Аларчадагы” күмбөз-эстелигинде жазылып коюлган.

Акын, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты Бактыгүл Чотурова Алыкул Осмоновдун акындык деңгээли жана түбөлүктүүлүгү боюнча өз оюн бөлүштү:

Алыкулдун акындык дараметинин күчтүүлүгү ушунда - андан бери канча акын чыкты, Алыкулдун бийиктигине чыга албай жатышпайбы!

Сөз Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү журналист жана Алыкул изилдөөчү Мундузбек Тентимишевде:

1987-89-жылдары Ташкенде окуп жүргөнүмдө Алыкулдун мурдагы аялы Зейнеп эже менен жолугуп, көптөгөн документтерди алып, ошонун натыйжасында “Аны Алыкул деп аташкан” деген китеп жазгамын. Азыр дагы “Алыкул энциклопедиясын” 30 басма табак көлөмүндө жалгыз жазып бүткөнү калдым. Маселен, орус поэзиясында Пушкиндин, Лермонтовдун, казак поэзиясында Абайдын энциклопедиялары бар. А кыргыз акындарынын эч кимисинин энциклопедиясы жок. Ошол кенемтени толтуруп жатам. Бирок, аны чыгарганга сүрөөнчү чыгаар бекен?

Алыкул Осмоновдун бишкектеги үй-музейинин деректири Памирбек Казыбаев үстүбүздөгү жылы 17-августта акындын 90 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча Кыргыз өкмөтү токтом чыгарганы менен, ал токтомдун өтөөсүнө чыкпагандыгына чоң өкүнүч билдирди:

Токтом боюнча иш жүргөнү жок. Мааракелик комиссияга азыркы маданият министри Раев төрага, Чүй облусунун губернатору Кулмурзаев орунбасар, жалпы комиссия курамы 15 кишибиз. Бирок, бир дагы чогулуп сүйлөшкөнү жокпуз. Маараке калып кетти окшойт ушу боюнча өтпөй..>/i>.

Алыкул Осмонов көз жумган 12-декабрда кыргыздын дагы бир кыраан жазуучусу Чыңгыз Айтматов төрөлгөнүн эскере кетели.

МАДАНИЯТ КҮНДӨЛҮГҮ

Айжан Шаботоева Ар жуманын дүйшөмбү күнү обого чыгуучу “Маданият күндөлүгү” уктуруусунун бул жолку чыгарылышынан адаттагыдай эле апта ичинде өтүүчү маданий окуялардын топтому менен таанышып, улуттук хит парад көрсөтүүсүнүн автору Динара Эсенгулова менен болгон маекти тыңшайсыздар. Берүүнү кабарчыбыз Айжан Шаботоева алып барат.

"ПИРАМИДАНЫН" ЭМГЕК ЖАМААТЫ НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫГЫШТЫ

Бүгүн - 12-декабрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына "Пирамида" телерадиокомпаниясынын 40ка чукул кызматкерлери пикетке чыгышты. Колдорунда плакаттар, аларда "Пирамиданы эч кимге кор кылдырбайбыз!", "Эртең силерге жетишет!" деген жазуулар бар. Ушул эле күнү "Пирамида" боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлгөнү маалым болду.

"Пирамида" компаниясынын кызматкерлери каналды коргоо максатында кол топтоп жатышат.

Ал эми президент Курманбек Бакиев вице-премьер-министр Адахан Мадумаровго "Пирамиданын" айланасындагы маселелерди териштирүүнү тапшырды.

«Пирамида» телерадиокомпаниясынын жетекчилиги 8-декабрь күнү Жогорку Кеңеште болгон парламенттик угууда телерадиокомпанияга президенттин уулу ээлик кылууну көздөп жаткандыгын билдирген.

Ошол эле күнү компанияны коргоо боюнча депутаттардан, укук коргоочулардан жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган атайын кеңеш түзүлгөн.

Бирок 9-декабрь күнү күндүзгү саат үчтөн өткөндө белгисиз бирөөлөр «Пирамида» телерадиокомпаниясынын имаратына күч менен кирүүгө аракет кылышкан. Эки саат убакыт өтпөй Октябрь райондук ИИБнүн кызматкерлери келип, компаниянын жетекчилери отурган имаратка кирип барышкан. Бул тууралуу «Пирамида» телерадиокомпаниясынын башкы редактору Елина Чернявская:

-Милиция формачан бир нече киши биздин жетекчилик отурчу имаратты ээлеп алууга аракет кылышты. Булардан тышкары «Пирамиданы» тартып алууга аракет кылып жаткан «Медиа инвест» уюмунун өкүлдөрү да келип, биздин иш бөлмөлөрүбүзгө милиция кызматкерлеринин жардамы менен кирип отурушту. ЖК депутаты Кабай Карабеков келип калып, анын кийлигишүүсү менен милиция кызматкерлери чыгып кетишти.

Мындан кийин бул окуя тууралуу уккан укук коргоочулар, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү келип, телерадиокомпания кызматкерлеринин жана депутат Кабай Карабековдун өтүнүчү менен түнү бою «Пирамиданы» колдоп турушту. Бирок ошого карабай, түнкү саат 12ге жакын белгисиз адамдар тарабынан телерадиокомпанияны басып алууга аракеттер дагы жасалган.

Президенттин пресс-катчысы Надыр Момунов "Пирамиданын" айланасындагы окуяларга мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин эч кандай тиешеси жоктугун билдирди.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДА ОК АТЫЛДЫ

Cабыр Абдымомунов, Баткен Жекшембиде Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун чектешкен жериндеги чек ара бекетинде өзбек чек арачысы Жамалидин Мырзаюсупов аттуу кыргыз атуулун көздөй ок аткан. Ок кыргыз атуулунун башына тийген. Башынан оор жараат алган Баткен облусунун тургуну дароо Фергана шаарындагы ооруканага жеткирилген. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

11-декабрда Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Өзбекстандын Фергана облусу менен чектеш жериндеги өзбек чек ара бекетинде ок атылды. Кадамжай райоунун Халмийон айыл өкмөтүнө караштуу Чекелик айылынын тургуну Жамалидин Мырзаюсупов өзүнүн жеңил автоунаасы менен чек ара бекетинен өтүп баратканда өзбек чек арачысы Бекмурзаев “Калашников” автоматынан кыргыз атуулуна карап ок чыгарган. Натыйжада 40 жаштагы Жамалидин Мирзаюсупов башынан оор жарат алган. Мындай маалымат Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо органдары жана коргонуу бөлүм башчысы Таштемир Эшалиевден ушул эле күнү алынды.

Башынан оор жарат алган Жамалидин Мирзаюсуповго Фергана облустук ооруканасында алгачкы жардам көрсөтүлүүдө. Учурда окуянын чоо-жайын иликтөө максатында эки тараптуу иликтөөлөр жүрүп жатат.

АЙРЫМ ПАРТИЯЛАР КОНСТИТУЦИЯ ДОЛБООРУНА КАНААТТАНБАЙТ

11-декабрда саясий партиялардын өкүлдөрү жана ишкерлер Конституциялык реформа боюнча тегерек үстөл талкуусун өткөрүштү. Анда мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүүнү, парламенттик шайлоону партиялык тизме менен жүргүзүүнү Баш мыйзамдын долбооруна киргизүү тууралуу сөз болуп, мыйзам долбоорун талкуулоону 24-январга чейин жылдыруу тууралуу сунуш кабыл алынды.

Жыйында негизинен Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү тарабынан дээрлик жарым жылдан бери кайрадан жазылып, сунуш кылынган Баш мыйзамдын долбоорунда эч кандай деле өзгөрүү кирбей калгандыгы тууралуу сөз болду. Жыйындын катышуучулары март айындагы ыңкылаптан кийин, Кыргызстанда эч кандай саясий-экономикалык өзгөрүү болбогондугун, болгону бийлик башындагылар гана алмашкандыгын айтып жатышты.

«Улут ордо» коомдук уюмунун өкүлү Кадыржан Раимжанов Конституциянын долбооруна карапайым элдин каалоосун билдирген сунуштар кирбей калгандыгын билдирди:

- Биз Кыргызстандын келечегине ыңгайлуу боло турган, пайдасы тийе турган сунуштарыбыз айтылганы менен мыйзам долборуна кирбей калды. Эгер биз биригип, чоң күч болбосок, анда эртең жалпы элдин кызыкчылыгын коргой албай калабыз деген чочулоо бар.

Өзгөртүү киргизилген Конституциянын долбоорун талкуулоо 15-декабрь күнү аяктайт. Бирок «Кел-кел» жаштар кыймылынын жетекчиси Алишер Мамасалиев Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоону узартууну сунуш кылды:

- Жакын арада саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, ММКнын жана бардык эл аралык уюмдардын катышуусу менен жалпы улуттук форум өткөрүү керек. Ага ишкерлер чөйрөсүнүн катышуусу да зарыл. Форумда жалпы элге кайрылып, Баш мыйзамдын азыркы сунуш кылынган долбоору боюнча пикирлерин суроого тийишпиз. Биз баарыбыз чогуу бир долбоорду түзүшүбүз керек. Болбосо, мурунку кеңешмедей болуп, ар ким өзүнүкүн туура деген талаш-тартыш менен гана чектелип калабыз.

Жыйында Конституциянын долборуна 2009-жылдан тартып, өлкөнү парламенттик башкаруу системасына өткөрүү тууралуу сунушту киргизүү жөнүндө да арбын пикирлер айтылды.

Саясий ишмер Роза Отунбаеванын айтымында, парламенттик башкаруу системасы боолгондо гана Кыргызстан чыныгы демократиялык өлкө катары экономикалык өнүгүү жолуна түшүүсү мүмкүн. Ал Башмыйзамдын өзгөртүү киргизилген долбоору канааттандырбаган бардык саясий партияларды жана бейөкмөт уюмдарды, ишкерлерди бул тууралуу чогуулап билдирүүгө чакырды:

- Бардык коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана башка бизди колдогон альянстардын колу коюлган документ түзүү керек. Ошону менен бирге эле өлкөдө парламенттик башкаруу системасы болуусун каалаган жарандардын бардыгын чогултуп, башкаларга да бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тийишпиз.

ЖК депутаты, «Демократиялык күчтөрдүн биримдиги» партиясынын жетекчиси Кубат Байболов парламенттик башкаруу системасын акырындап киргизүү керек деген пикирин билдирди:

- Парламенттик башкаруу системасын кийинки шайлоодон тартып киргизүүнү сунуштап жатабыз. Жалпы эл тарабынан шайланган президент менен парламент ага чейин иштей берсин, жаңы Конституцияны 2006-жылдын март айына чейин кабыл алып, бирок күчүнө 2009-жылдан тарта киригизели, реформаны ырааттуу өткөрөлү деген сунуш киргизилип жатат. Жыйындын катышуучулары ошол сунуштарды колдоп, резолюция кабыл алдык.

КЫРГЫЗ КАГАНАТЫНЫН АЛТЫН КАЗЫНАСЫН КИМ ТАПКАН?

Кыргыз калкынын Борбордук Азиядагы байыркы эл деп аталышына ириде илим адамдарынын салымы зор. Хакасиядагы айтылуу «Копөн чаатасындагы алтын казынаны таап, аны илим дүйнөсүнө тааныткан адам-археолог Лидия Алексеевна Евтюхова болгон.

Кыргыз каганаты Борбордук Азиядагы даңазалуу мамлекеттердин катарына киришине өлкө калкынын биримдиги, жоо бөрүлүк жоокерчилиги, аскер өнөрү жана жаратман ишкердиги негиз берген. Орто кылым убагында аталган айырмачылыктар Кыргыз каганатынын атагын арттырса, кийин 20-кылымда алардын көөнөргүс маданиятын илим чөйрөсүнө жеткирген жана аларды ийине жеткире изилдеген академик В.В. Бартольд, археолог А. Н. Бернштам сыяктуу окумуштуулар болгон. Кыргыз тарыхын таанытууда жана анын жоголуп бараткан маданият баалуулуктарын ачууда жогоруда аталган илимпоздордой эле эмгек сиңирген адам ал –археолог Лидия Алексеевна Евтюхова саналат.

Лидия Алексееванын окумуштуулук ажарынын ачылышы Хакасиянын Копөн чаатасындагы алтын казынаны ачышына байланыштуу. Бул окуя 1939-жылдын жай айындагы Мамлекеттик тарых музейинин Саян-Алтайдагы археологиялык экспедиция маалында болгон. Археологиялык экспедицияны Л. А. Евтюхова жетектеп, “жай саратанда күн кайнап турган чакта, оор иштен жадаган археологдун күрөгү алтын идишке тийип, чаалыккан окумуштуулардын жүзүн алтынга чагылган күн нуру чайып турду”, - деп жазылган ошол кездеги жергиликтүү гезиттердин биринде. Лидия Алексеевнанын Копөн чаатасынан тапкан алтын кумара, алтын табак, баалуу металл менен шөкөттөлгөн үзөнгү, ооздуктары орто кылымдагы кыргыздын ким экендигин, алардын маданиятынын деңгээлин аныктай турган материалдык табылга кызматын аткарып келишет.


Копөн чаатасынан чыккан алтын буюмдарды жасоо ыкмасы, алардын беттерине сайма түшүрүү жолу кыргыз устачылыгынын жогорку деңгээлин көрсөтөт. Ошол эле убакта алтын идиштердин турмуш тиричиликте кеңири колдонулушу, кыргыз мамлекетинин Улуу державалык даражага жете алган дараметин далилдей алат. Лидия Алексеевнанын кыргыз темасына арналган изилдөөлөрүндө, асыресе илимпоздун негизги илим изилдөө багыты орто кылымдагы кыргыз маданиятына арналган. Бул багыттагы чарбалык жетишкендиктер, кыргыз устачылык өнөрү жана аскер иштерине байланышкан зоот чопкуттар кең-кесири талдоого алынган.


Замандаштарынын айтымында, Лидия Алексеевна Евтюхова билимге көзү каныккан, эрудициясы бай адам болгон. Кыргыз маданиятынын башатын аныктап, ага үндөш жакындыктарды баамдоо үчүн Борбордук Азиядагы калктардын эле эмес, Евразия мейкиндигиндеги калктардын археологиясын мыкты билүү зарыл.

Лидия Алексеевна аталган чөлкөм менен эле чектелип калбастан, кыргыз маданиятынын тамырын жакынкы жана алыскы коңшулары менен айкалыштыра изилдөөгө жетишкен. Л.А. Евтюхова археологдук кесиптен тышкары, ажайып сүрөтчү болгон, деп эскеришет замандаштары. Анын кыргыз маданиятына тиешелүү даректерди калем менен келиштирген келбеттери табигый буюмдай элес калтырат.


Түштүк Сибирдеги кыргыз археологиясын изилдөөдө зор салым кошкон илимпоз 1974-жылы 71 жашында дүйнөдөн кайткан.

ЖУМАМҮДҮН ШЕРАЛИЕВДИН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КАРОО-СЫНАК ӨТТҮ

Кыргыз Эл артисти, Токтогул сыйлыгынын ээси таасын талант Жумамүдүн Шералиевдин 90 жылдыгына арналган кароо-сынак Нарын облусунун алкагында болуп өттү. Бирок улуу композитордун чыгармаларын аткаруучулар жер-жерлерден толук катышышпады жана айрым жергиликтүү байкоочулар залкар таланттын 90 жылдыгынын кароо-сынагын өз деңгээлинде өткөн жок деп баалашты.

1994-жылы 79 жаш курагында дүйнөдөн кайткан чыканактай алп талантты теңиртоолук улуу-кичүү муун өкүлдөрү негизинен Жумаке деп көзүнүн тирүүсүндө деле, көзү өткөндөн кийин деле атап келишет. Быйыл улуу обончу-композитордун 90 жылдыгына карата эл арасындагы ырчы-аткаруучулардын кароо-сынагы жарыяланып, өткөрүлгөн эле. Облустук тандоо туруна Жумгалдан бир гана өкүл келсе, Акталаа, Кочкор райондорунан аткаруучулар келишпеди.

Кыргыз эл артисти Сейитказы Андабеков аксакал насаатчысын мындайча эскерди:

- Ысыккөл драма театрынын коллективин, Жалалабат театрынын коллективин жана Нарын музыкалык драма театрдын коллективин конкурс менен Жумамүдүн Шералиев өзү топтоду.

Обончу Адылбек Кыязов:

- Жумамүдүн Шералиев кыргыз элинин таланты катары кылымдан-кылымга аты кала беришине толук ишенемин.

Жергиликтүү обончу жана аткаруучу Камчыбек Жусупов мааракеге арналган кароону эптеп-септеп өттү деп эсептейт.

Ал эми облустук маданият башкармасынын акими Садыркул Hурмамбетов Жумакенин эмгегин даңазалоо жаштарга өрнөк экендигин айтты:

- Албетте, Жумакемдин эмгегин даңазалоо кыргыз маданий турмушундагы чоң бир окуя дейбиз. Бул кишинин жаштарга өрнөктүү иши бар.

Бирок Садыркул Нурмамбетовдун мындай жүйөсүнө эмгек сиңирген артист Кенжегул Мендебаиров макул эмес:

- 90 жылдыкты ушундай өткөргөнгө мен аябай нааразымын. Анткени элдин баары айтып атат, фонд иштеген жок, музей ачылыш керек эле, өзүнүн өмүрүнө тийиштүү болгон керектүү нерселер таптакыр өтүлбөй атат деп. Анан кийинки муундарга Жумакем жөнүндө эмнени айтабыз?

Oшондой болсо да 700 обон жаратты деп, артында аңыз кеби калган Жумакенин өлбөс-өчпөс кайрыктары жаңырып турду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG