Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 20:48

Кыргызстан

«БИТЕЛДИН» ЧЫРЫНА БИЙЛИКТИН ЭМНЕ ТИЕШЕСИ БАР?

Шайырбек Эркин уулу Кыргызстандын аймагында бейшембиде түштөн кийин үзүлгөн «Бител» компаниясы жабдыган уюлдук телефон байланышы ушул эле күнү кечки саат он бирлер чамасында калыбына келтирилди. Байланыш аталган компания соттун чечимине ылайык жаңы кожоюнга өтүп жаткан учурда үзүлгөн эле. 16-декабрда Бителдин жаңы жетекчиси менен компаниянын жаңы кожоюну «Резервспецмет» жабык акционердик коомунун юристи маалымат жыйынын өткөрүп, баары мыйзам чегинде болгонун, «Бителде» иш калыбына келтирилгенин билдиришти. Ал эми «Бителдин» мурдагы ээси МТС жана «Альянс Капитал» компаниясынын өкүлү «Резервспецметтин» аракеттерин мыйзамсыз деп эсептээрин, МТС эл аралык сотко кайрылаарын билдирди.

15-декабрда Жогорку сот Бишкек райондор аралык сотунунун «Бител» компаниясынын толугу менен «Феловес» компаниясынын менчиги катары таануу чечимин күчүндө калтырган. «Феловестен» ээлик кылуу укугун өткөрүп алган « Резервспецмет» компаниясынын өкүлдөрү ушул эле күнү түштөн кийин «Бителдин» имаратын ээлеп алууга киришип, имаратты милиция курчоого алган.

«Резервспецметтин» юристи Гүлнара Каликова 16-декабрдагы маалымат жыйынында эч кандай басып алуу болбогонун, баары мыйзам чегинде болгонун билдирди:

- «Бителдин» имаратын күч менен басып алуу болгон эмес. Болгону соттун чечимин аткаруу болуп, баары мыйзам чегинде жүргүзүлдү. Биз соттук бардык инстанцияларынан өттүк. Ал эми сот аткаруучулар бул ишти аткарууда мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылуу үчүн милицияга кайрылган. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу болгон жок.


Маалымат жыйынында «Резервспецмет» «Бителдин» жалпы наркы 22, 5 миллион доллрага бааланган акциялары учун акыркы төлөмдөрдү да ишке ашырганы, учурда 20 миллион доллардан ашуун каражат Бителдин мурдагы кожоюндары – үч оффшордук компанияга өткөрүп берүү үчүн Сот департаментинин эсебине түшкөнү да айтылды.

«Бителдин» жаңы жетекчиси Денис Шершнев мындан ары биринчи кезекте байланыштын сапатын жакшыртууга аракет көрүлөөрүн билдирди:

- Биринчи кезекте байланыштын сапатын жакшыртуу аракетин көрөбүз. Анткени, бул жаатта учурда көйгөйлөр арбын экен. Башкасын айтпаганда да, көпчүлүк учурда «Бителдин» кызматынан пайдалангандар телефон чала албай кыйналышып, «канал бош эмес» деген жоопту угушат. Кыскасы биз абоненттерибиз үчүн «Бителдин» кызматынан пайдалануу мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана көңүлдүү болушуна аракет кылабыз.

Маалымат жыйынында «Резервспецмет» орусиялык инвесторго тиешелүү экени, бирок анын ээси азырынча айтылбастыгы да белгиленди.

Ошол эле учурда «Бителдин» мурдагы ээси МТС жана Альянс Капитал компанияларынын өкүлдөрү «Резервспецметтин» аракеттерин мыйзамсыз деп эсептешүүдө. Бул тууралуу аталган компаниянын өкүлү Эрканат Абени булрага токтолду:

- Биз «Резервспецметтин» кечеги аракеттерин укуктук чектен чыгуу катары баалайбыз. Сот чечими акыйкат болгон жок. Биз жогорку сотко бул ишти кайра кароо туралуу арыз менен кайрылуу ниетибиз бар. МТС мындан сырткары Англиядагы эл аралык сотторго да кайрылат. Анткени келишимге ылайык бул маселелердин баары Англиядагы соттор аркылуу чечилиши керек.


Коомчулукта бул окуянын артында жогорку даражадагы бийлик өкүлдөрү турат деген пикирлер да жок эмес. Ал эми мындай божомолду президенттин маалымат кызматы дароо четке какты.

Жогорку Кенештин депутаты Кабай Карабеков болсо «Бителге» байланышкан окуяны ыңкылаптан кийинки менчик талаштын уландысы катары баалайт:

- 24-марттан кийин башталган менчик бөлүштүрүү уланууда. Каракече көмүр кенин басып алышты, базарларды бөлүп атышат, анан телеканалдарга өттү, эми «Бителге» келишти. Бул окуяларда милиция аралашып жатканы бийликтин тиешеси бар экенинен кабар берет.


Ал эми МТСтин президенти Василий Сидоров бейшембиде «Бителге» байланышкан жагдайды президент Курманбек Бакиев жана өкмөт башчы Феликс Кулов менен талкуулаганын ушул эле күнү кечинде маалымат жыйынында кабарлады. Ал «Президент Бакиев менин түшүнүгүмдө мен айткан жагдайга абдан таң калды. Мен мындай жагдайда иштин маани маңызы териштирилет деген ишенимде болдум», - деп айтты Сидоров. Ал мындан сырткары бул ишке бийликтин ортоңку катмарындагы чиновниктердин тиешеси бар деп эсептээрин да билдирди.

КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАНЫН ТАГДЫРЫ ТАЛАШКА ТҮШТҮ

Жогорку Кеңеш Конституциялык реформага байланышкан күн тартибиндеги маселени жума күнү талкуулабай калды. Бул сессияда кворумдун жоктугу менен түшүндүрүлүп, маселеге келерки дүйшөмбүдө кайрылуу чечими кабыл алынды. Бирок, айрым саясатчылар депутаттардын мындай жайбаракаттыгын реформаны болтурбоону каалаган ак үйдүн саясатына кылчактоо катары сыпаттап жатышат.

Президент Курманбек Бакиев Конституциялык реформага байланыштуу акыркы мезгилде өткөн бир катар жолугушууларда мамлекетти башкаруунун президенттик-парламенттик формасы менен 2010-жылга чейин жашоону жактаарын билдирүүдө. Муну мамлекет башчысы өлкө азыр парламенттик башкарууга даяр эместиги менен түшүндүрүүдө. Реформачыл саясатчылар болсо толук кандуу реформа жүргүзмөйүнчө эски системадан тазалануу мүмкүн эмес дешип, Конституциялык реформаны дароо аягына чыгаруу, парламенттик башкарууга өтүү демилгесин көтөрүп жатышат. Ушул максатта буга чейин «Кыргызстан» биримдигинин атынан «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева, «Асаба» саясий партиясынын төрагасы, депутат Азимбек Бекназаров жана «Демократиялык күчтөр биримдиги» саясий партиясынын атынан анын төрагасы, депутат Кубатбек Байболов Конституциянын эки жаңы долбоорун иштеп чыгышкан. Буга чейин бир нече жолку макулдашууларга ылайык парламент Конституциялык реформага байланышкан ушул жана башка маселелердин айланасында сөз кылмак.
Бирок, депутаттар маселеге жайбаракат мамиле жасап жатат деген байкоочулардын көз караштарына караганда, кворумду шылтоо деп баалашты. Өз долбоорун жарыялоо ою бар депутат Кубатбек Байболов муну бийликтин эски ыкманы пайдаланып жатышы менен байланыштырды:

- Кылчактоонун себеби - баягы эле акүйдүн телефон аркылуу иштемейи. Азыр эми эч кандай реформанын кереги жок деген саясат короо шыпыргычтардан баштап мамлекеттик кызматкерлерге чейин иш жүрүп атпайбы. Ал түгүл домкомдор (турак жай комитеттери – авт.) 25 миңге чейин кол чогултуп ийишиптир дейт. Баягы эле схемалар. Бечара карапайым элдин башын айландырып эле кол чогултуп, кат жөнөтмөй.

Президенттин жардыгы боюнча Конституцияга өзгөртүү, толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоо 15-декабрда аяктамак. Бирок, Конституциялык кеңешме талкуунун токтотулгандыгын же узартылгандыгын тастыктаган жарыясын айта элек. Кээ бир саясатчылар муну президент бир чечимге келе албай жатат деп болжошууда. Бул аралыкта президентке талкуунун мөөнөтүн узартуу сунуштары арбын болуп жаткандыгы кабарланды. Мындай сунуш менен кол топтоп кайрылгандардын катарына жаштардын жарандык коомун, «Эркиндик» саясий партиясын кошууга болот. Буга чейинки жолугушууларда айткандарына караганда, президент өзү конституциялык реформаны 2009-жылы баштоону ылайык көрүп турат.
Анткен менен таасирдүү саясатчылар Конституциялык реформаны кийинкиге жылдыруу азыркы бийликтин олуттуу катачылыгы дешет. Маселен, «Асаба» саясий партиясынын башчысы Азимбек Бекназаров революциянын экинчи этабын ишке ашырууга, башкаруу формасын өзгөртүүгө ынтызар.

Ал эми башкы прокурор Камбаралы Конгантиев азыр мамлекеттин президенттик-парламенттик башкарууда болушун жактап, Конституциянын азыркы турушунда иштешин каалайт:

- Элдин эң кымбат укугу бар. Ал кайсы укук? Ал президентти эл шайлашы керек деген. Парламенттик республика болсо президентти депутаттар шайлап калат.

Депутат Байболовдун долбоорунда конституциялык реформаны дароо ишке ашырып, бирок, парламенттик республикага 2010-жылы өтүү каралган.
Саясатчынын көз карашында мурдагы бийлик түзүп берген система менен жашоону улантуу чоң кризиске алып келет:

- Эгер ушул укуктук мейкиндикте кала турган болсок, менин оюмча, ары жагы бир жарым жыл, бери жагы бир жыл ичинде марттагыдан да чоң кризиске дуушар болушубуз мүмкүн.

Ал эми Искак Масалиев, Марат Султанов өңдүү депутаттар чыр-чатактарга жол бербеш үчүн ар кандай саясий күчтөр тирешүүлөрдү токтотуп, маселени компромисс жолу менен чечүү керек экендигин айтып жатышат. Конституциялык реформанын мындан аркы жагдайын конституциялык кеңешме 21-декабрда аныктоону максат кылууда. Конституциялык кеңешменин курамында ар кандай саясий күчтөрдөн куралган 300дөн ашык мүчө бар. Мындай курам бир пикирге келе албайт деп эсептеген байкоочулар маселе президенттин каалоосуна жараша чечилерин болжоп жатышат.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ЗЫЯРАТЧЫЛАРГА ТҮРКМӨНСТАН АРКЫЛУУ ЖОЛ ЖОК

Түркмөнстан мамлекети автобус менен ажыга барчу кыргызстандыктарды өткөрбөй тургандыктарын маалымдап нота жибергендигине байланыштуу диний коомчулуктун арасында тынчсыздануу чыгууда.

Ажыга жөнөөчүлөрдү түркмөн жеринде күтүп жаткан тоскоолдукту адегенде Кыргыз мусулмандарынын муфтийи Мураталы-ажы Жуманов билдирди:

- Түркмөнстандан кыргызстандык ажыларды өткөрбөө туурасындагы нота келгенден кийин биздин мамлекет башчыбыздын колу коюлган кат дароо Түркмөнбашыга жөнөтүлгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жооп болгон жок.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нуржигит Кадырбеков өз кезегинде зыяратчылардын маселесин чечүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи:

Бул маселени чечүү үчүн мамлекет башчы, Кыргыз өкмөтү, анын ичинде биздин Тышкы иштер министрлиги колдон келген аракеттерин жасап жатат. Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилиги менен күндө сүйлөшүүлөр болууда. Жыйынтыгы кандай болот, белгисиз, анткен менен умүттүү карап турабыз. Ошол эле мезгилде ажыга автобус менен баруучулар үчүн альтернативдүү жол-багыт да каралып жатат, маселен, Азербайжан аркылуу.

Ажыга автобус менен жөнөөчүлөрдүн убакыт-сааты жакындап калгандыктан Кыргыз мусулмандарынын муфтияты бир ыңгай чечим кабыл алып, иш нугун ошол жакка бургандыгы жөнүндө муфтий Мураталы-ажы Жуманов маалымат берди:

- Азыр чечим кабыл албасак кечигип калчудайбыз. Муфтиятта бүт ажы башчылар, казылар менен бул маселени талкуулап, автобустарды Түркмөнстан аркылуу эмес, жаңы багыт менен кетире турган болдук: Өзбекстан, Казакстан, Орусия (Астрахан облусу), Азербайжан аркылуу, анан Дагестандан Иранга өтүп кетет. Аржагы мурдагыдай эле – Иран, Түркия, Сирия, Иордания мамлекеттери. Айырмасы, мурдагыдан 600 чакырымдай алыс болот.

Муфтий Мураталы-ажы Жуманов жаңы жол-багыттын ыңгайлуу жактары, артыкчылыктары да бар экендигин эскертет:

- Бул багытта Иранга жеткичекти бир да мамлекеттке виза алынбайт экен. Транзит болуп гана өтүп кете берет экен.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде ажыга алигиче автобус менен сапар алган бир гана Кыргызстан болууда деп өкүнүч билдирди муфтий андан аркы сөзүндө.

- Башканы кой, үч жылдан бери тажикстандыктар да жалаң самолёт менен барышат ажыга. Казакстан, Өзбекстан мамлекеттери автобус менен ажыга барууну эчак унутушкан. Мына бизге да автобустарды жоюуга убакыт келип жетти. Эмдиги жылы ушул маселени жакшылап ойлонуш керек. Буга чейин эми самолётко караганда автобус арзан болот деп, ажыга мекендештерибиз арбын барып алсын деп автобуска уруксат берип келдик. А автобустун машакаттары минтип жыл сайын арбып баратат.

Ошол эле кезде Мураталы-ажы Жуманов ажыга барчулардын паспорт алуу, виза ачтыруу маселелерине да токтолду:

- Быйыл адегенде ажыга барчулардын паспорт алуулары кыйын болуп атты эле, өкмөт жетекчилеринин кийлигишүүсү менен бул маселе кийин абдан сонун чечилди. Бирок, эскерте кетчү жагдай, бүгүнкү күндөн – 16-декабрдан баштап паспорт алуу, виза ачтыруу пайдасыз. Ушуну эскертип коёюн дедим. Анткени, ажыга документ даярдагандардын саны жетиштүү болуп калыптыр.

Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Өмүрзак Мамаюсупов бул багыттагы сөздү улап, Кыргызстанда ажыга баруу маданияты калыптана электигин айтты:

- Кыргызстанда 4,5 млн. мусулман бар, ошонун 10 пайызы деп эсептеп – 4,5 миң кишиге квота беришкен. Квота ашып кетсе сөзсүз проблема чыгат. Кыргызстанда ажыга баруу маданияты калыптана элек да. Бир жыл, эки жыл даярданып, жол-жоболорун аткарып, алдынала каттоолорду түзүү деген жок. Бүгүн түштөн мурда акча табылып калса, түштөн кийин жөнөйүм деп чамынчулар көп. Ошондуктан документ даярдагандардын саны квотадан ашып кетпөөсүнө катуу карашыбыз керек. Ал эми документ даярдап алып, барбай калышса – алар да нааразы болушат.

Ажылык зыйнаттар 10-январда өтүүчү Курман айт майрамынын алкагында Меккеде уюштурулат.

ЖАҢЫ КОДЕКС: САЛЫКТЫН БААРЫ ЭЛЕ АЗАЙГАН ЖОК

Жаңы салык кодексинин даярдала баштаганына эки жылга аяк басып баратат. Арада бийлик алмашып, эларалык каржы уюмдарынын макулдугу менен салык саясаты олуттуу өзгөрүүгө туш келди. Кошумча нарк салыгы, кирешеден алынчу салыктардын өлчөмү 10% азайтылды. Негизги экономикалык мыйзам өкмөттүк жыйында жактырылып, ушул жылдын аягында же эмдиги жылдын башында парламент талкуусуна түшмөкчү.

16-декабрдагы маалымат жыйынында Кыргызстандын Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров жаңы Салык кодекси даярдалып, президентке берилгенин, айдын аягына чейин ал өкмөт жыйынынан өтүп, андан парламентке сунушталарын маалымдады. Министрдин ырасташынча, жаңы Салык кодекси мурдагысынан көлөмү жагынан айырмалуу чыкты, азыркы 207 берененин ордуна 410 берене кирди, ишкердик кылууга, инвестициянын келишине, салык саясатынын кыйла ачык болушуна мүмкүнчүлүк түзөт. Буга чейин салык түрүн азайтуу, өлчөмүн кыскартуу тууралуу саясий чечим кабыл алынбай келген.

- Эмдиги жылдан тарта монополиялык – жалгыз ээлик кылуучулардын башкасы пайдадан алынчу салыктын 10% гана төлөшөт, жалгыз ээлик кылуучулар салыгы өткөөл учурда 20% деңгээлинде калды. Киреше салыгы да 10% өлчөмүндө төлөнөт. Бирдиктүү киреше салыгын киргизип жаткан Орусия жана башка өлкөлөрдөн айырмаланып, биз салык жеңилдиктерин алып салуудабыз,- деп айтты А.Жапаров. Анын эсесине алган айлыгы 1000 сомдон ашпагандардын 650 сомуна салык салынбайт. Кыргызстанга ташылып кирчү жабдуулардан кошумча нарк салыгын алып салууну А.Жапаров бул жааттагы үлкөн жаңылык, батыл кадам таризинде сыпаттады.

- Билесиздер, мурда ташылып келген атайын жабдуулар гана салыктан бошотулчу, алардын тизмесин өкмөт бекитчү. Бул коррупцияга жол ачкан схемалардын бири болчу. Өкмөттө чоң таанышы барлар, кадыр-колкосун ортого салган аркыл фирма, компаниялар салыкты кыйгап өтүш үчүн киргиси келчү тизмени алып салдык.

Четтен келген жабдууну алып келген ишкер башка бирөөгө сата турган болсо салыкты толук өлчөмүндө төлөөгө милдеткер. Кошумча нарк салыгы айыл чарба өндүрүшчүлөрүнөн да алынып салынды. Эми алар жалгыз жер салыгын гана төлөшөт. Акылбек Жапаров коңулда катылган экономиканы ачыкка чыгаруунун дагы бир жолу катары 2,5 миллионго чейин пайда тапкан ишкерлерге бирдиктүү салык төлөө милдеттендирилип жатканын билдирди.

Эларалык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлү Майкл Меред эмдиги жылдын башында Вашингтондон атайын эксперттер тобу келип, баса отуруп мына ушул маселе менен алектенишерин айтты.

- Бир жылдан ашуун биз кыргыз өкмөтү менен жаңы Салык кодексинин үстүндө иштедик. Кыргызстан үчүн бул абыдан ылайыктуу кодекс деп эсептейбиз. Жана өйдөтө белгиленип кеткендей, салык салуунун ыңгайлуу жайгдайларын түзүү мүмкүнчүлүктөрү бар.

Майкл Меред салык саясатында ириде укуктук маселелерди так аныктап алуу зарыл деп эсептейт. Эларалык валюта корунун укуктук кеңешчиси Виктор Туроньи салык төлөөчүлөр менен чогултуучулардын – экөөнүн тең көңүлүнө төп келген идеалдуу экономикалык документ болбостугун белгилеп, жаңы Салык кодексинин эмитен эле сынга кабылып жатышын кадыресе көрүнүш катары баалады.
- Салыктар ушундай, турмуш башкача, буга баары эле ыраазы болбойт. Бирок бул туура эле.

Кыргызстандын Экономика жана каржы министринин орунбасары Мурат Исмаилов жаңы Салык кодекси ишке киргенде салык алуунун патент системасы алынып ташталбайт, деп билдирди.

- Тек ал эми бираз башкача түргө өтөт, бирдиктүү салык же бирдиктүү салык чогултуу системасы деп аталат. Салык төлөөчү мурдагыдай эле ай сайын белгилүү акчасын төлөп патент сатып алат. Ага эч ким тийбейт. Бирок биз бир жаңылык киргизип жатабыз. Жыл аягында патентчи тапкан кирешеси тууралуу декларация тапшырат. Азыркы патент системасында кирешени көп тапканы деле, аз тапканы деле бирдей патент акы төлөшөт. Максат - аз киреше тапканга тийбей, көп киреше тапканды ачыкка чыгаруу. Ал тапкан кирешесине жараша салык төлөсүн.

Өкмөт өзгөчө үмүт арткан жаңы Салык кодекси экономикалык өнүгүүгө жакшы өбөлгө түзөбү же жокпу – муну мезгил көрсөтөт.

КЫРГЫЗСТАНДАН ЖАЛГЫЗ РУСЛАН ДҮЙНӨЛҮК ТАЙМАШКА КАТЫШУУДА

Кабыл Макешов, Бишкек Ушу- саньдо кытай элинин жекеме- жеке кармаш өнөрү.10-декабрдан 16- декабрга чейин Вьетнамда ушу- саньдо боюнча дүйнө чемпионаты өткөрүлдү. Каражат маселесинин айынан Кыргызстандын командасы дүйнөлүк таймашууга барбай калышты. Дүйнө чемпионатына жалгыз кыргыз жигити өз каражаты менен катышууда.

Ушу чыгыш спортуна бокс менен күрөш ыкмаларын айкалыштыруунун натыйжасында менен кытайлыктар ушундай спорт түрүн ойлоп табышкан. Бул спорттун ыкмаларын куралдуу күчтөрдүн жоокерлеринин аскердик даярдыктан өткөрүү үчүн колдонушкан. Кийин ушунун жеке кармаш ыкмалары коомчулуктун кызыгуусун жаратып, 1978- жылдан бери спорт түрү катары таанылган. Эл аралык федерациясы түзүлүп, Азия оюндарынын программасына кошулган.
Кыргыз жергесине спорттун бул түрүн жайылткан белгилүү кикбоксчу, “Гермес” клубунун жетекчиси, өлкөнүн ушу- саньдо федерациясынын президенти Александр Войнов жана “Шоола” чыгыш өнөр клубу. 1992- жылы Америка Кошмо штаттарынын Лос-Анжелес шаарында өткөн профессионалдар арасындагы дүйнө чемпионатында 60 кг. салмакта бишкектик Александр Войнов алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиону аталган.
Ошондой эле 1995- жылы АКШнын Балтимор шаарында өткөн ушу- саньдо боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык Шабан Шадманов -күмүш, Анвар Ибраев менен Али Порсуков- кол байгелүү болушкан. Маралбек Давлеткулов төртүнчү орунга жеткен. Андан кийин бул жигиттер кикбоксингге ооп кетишип, ушу- саньдо экинчи планда калган.
Учурда кикбоксчулар ушу- саньдону бирге алып жүрүү менен эл аралык таймаштарда Кыргызстандын намысын коргоп жүрүшөт.
2002- жылы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн 14- Азия оюндарында ушу- саньдо мелдешине кикбоксингден дүйнөнүн эки жолку чемпиону Мирбек Сүйүнбаев, кикбоксингдин лоу- кик түрүнөн дүйнө чемпиону Өткүр Кудаяров жана Санжар Сапарбеков катышкан.
10- декабрда Вьетнамда башталган дүйнө чемпионатында Кыргызстандын командасы каражаттын жоктугунан катышпай калганын, 4-5 жигит даярдык көрүшкөнүн кикбоксингден дүйнөнүн эки жолку чемпиону Мирбек Сүйүнбаев өкүнүү менен мындайча түшүндүрдү:
- Эки айдан ашуун тынбай машыгуу өткөргөнбүз. Спорт жетекчилери дагы үмүттөндүрүп коюшкан эле. Акыркы учурда гана «каражат жок» дешип, шабайды суутушту. Мындай дүйнөлүк таймашууларга катышпасак чеберчилик жогорулабайт. Эми 2006- жылы Дохада өтчү 15- Азия оюндарына баруу үчүн азыртан даярдыкты баштап жатабыз.
Ушу- саньдо спорту боюнча ийримдер Ош, Жалалабад,Чүй, Талас облустарында жана Бишкек шаарында бар экенин, өлкөдө 10дон ашуун спорт клубдары иштеп жатканын, январь айында Кыргызстандын биринчилиги өткөрүлөөрүн ушу- саньдо федерациясынын жетекчиси, дүйнө чемпиону Александр Войнов билдирди:

- Ушу-саньдо кикбоксингге окшоштук жагы болгондуктан шакирттерим эриш аркак машыгууда. Вьетнамдагы дүйнө чемпионатына каражаттын жоктугунан барбай калдык. Ушу- саньдо спорту 2008- жылы Пекинде өтүүчү жайкы олимпиадалык оюндардын программасына киргизилип жатат. Ошондуктан бул таймашууларга катышуу укугун алуу үчүн дүйнө чемпионаттарына, Азия оюндарына катышуубуз зарыл. Мыктыларды иргеп алуу үчүн январда Кыргызстандын чемпионатын өткөргөнү жатабыз.

Кыргызстан жалгыз Руслан Бапанов аттуу жигит өз каражатына Вьетнамда өтүп жаткан ушу- саньдо боюнча дүйнө чемпионатына катышууда.
Кыргызстанда намыска туулган жигиттер арбын экенин, аларга шарт түзүп берүү керектигин өлкөнүн панкратион федерациясынын президенти Эдил Молдолиев айтты:
- Биздин өлкөдө чыгыш өнөрлөрү өрүшүн кенен жайып баратат. Ушу- саньдо, тай бокс, кулатуу, кикбоксинг түрлөрү эриш- аркак өнүгүү жолунда. Кыргыздар айтмакчы арабызда “жылаңач баатырлар” арбын. Аларга шарт түзүп, эл аралык мелдештерге катыштырып, чеберчилигин жогорулатуу керек. Алардын Кыргыз туусун, намысын бийик көтөрүүгө кудурети жетет.

Кыргызстандын жигиттер 2006- жылы декабрда Катар өлкөсүнүн Доха шаарында өтө турган 15- Азия оюндарынын ушу- саньдо таймашууларына азыртан даярдык көрүп жатышат.

«БИТЕЛДИН” КОЖОЮНУ АЛМАШЫП, УЮЛДУК ТЕЛЕФОН КЫЗМАТЫ БУЗУЛДУ

Каарманбек Кулуев, Бишкек «Бителдин» 470 миңге жакын абоненти 15-декабрда телефон байланышы жок калышты. Уюлдук байланыш «Бител» компаниясы соттун чечими менен жаны кожоюнга өтүп жаткан учурда үзүлдү.

Кечки саат 4 чамасында милиция Бител компаниясынын имаратын курчоого алды да, имаратка эч кимди киргизбей турду. Көп узабай Бител тейлеген чөнтөк телефондорунун байланышы жоголду.
Жогорку Соттун 15-декабрдагы чечиминин негизинде Бителдин ээси болуп таанылган Феловес жана Резервспецмет компанияларынын өкүлү Гүлнара Каликованын айтымында, байланыш Резервспецмет компаниясы Бителди колго алганга чейин эле жоголгон. Байланыш милиция имаратка киргенден кийин гана жок болгону такталгандан кийин Гүлнара Каликова байланыштын жоктугу Альянс Капитал жана МТС компанияларынын иш-аракетинин натыйжасы деп билдирди.
Буга чейин Бителдин кожоюну болуп келген жана Жогорку Соттун чечимине нааразы болгон Алянс Капитал жана МТС компанияларынын укук маселелери боюнча расмий кенешчиси Канат Асыловдун айтымында байланыштын жок болушуна Бителдин офисин басып алган адамдар себепкер:
- Бителдин имаратын басып алган кишилердин эч кандай техникалык билими жок. Штепсилди сууруй койду да, байланыш үзүлүп калды.

Канат Асыловдун айтымында Резервспецмет иш алардын пайдасына чечилгенин Жогорку Соттун чечими чыга электе эле билген.Саат 13.51де эле Бителдин кызматкерлери Резервспецметтен тастыктоочу электрондук кат алышкан. Ал эми Жогорку Соттун чечими 13.51де эмес, 15.30да чыккан.
Феллоус жана Резервспецмет компанияларынын өкүлү Гулнара Каликова Бителдин имаратын алуу үчүн даярдыктар Жогорку Соттун чечимине чейин башталганын мындай түшүндүрдү:
- Бизде бул соттон башка дагы соттор бар. Кечээ биз Свердлов сотунун жыйынтыгынын негизинде мүлктү санап, өткөрүп алууга милиция бөлүмүнө сураныч менен кайрылдык.

Гүлнара Каликованын айтымында Резервспецмет байланышты мүмкүн болушунча тез калыбына келтирет жана Бител компанясы мурдагыдай эле ишин улантат.
Ал эми Алянс Капитал жана МТС компанияларынын укук маселелери боюнча расмий кенешчиси Канат Асылов Жогорку Соттун чечими жана Бителди басып алуунун артында Кыргыз Республикасынын абройлуу мамлекеттик кызматкери турарын белгиледи.
Бул абройлуу мамлекеттик кызматкер ким экенин Канат Асылов билет, бирок далилдерин толуктап, даярданып алып, анан гана ачык айтат.

АМЕРИКАНЫН АСКЕР БАЗАСЫНАН КЕЛЕРКИ ЖЫЛЫ МАМЛЕКЕТКЕ КӨЛӨМДҮҮ КАРАЖАТ ТҮШПӨЙТ

Кыргызстанда парламент депутаттары “Манас” аба майданында жайгашкан америкалык аскер базадан мамлекетке түшкөн акча каражатын көбөйтүү маселесин көтөрүүдө. Өлкөнүн каржы министри Акылбек Жапаров өз кезегинде чет элдик авиабазадан мамлекеттин бюджетине киреше деле кирбей тургандыгын айтып чыкты. Президент Курманбек Бакиев мындан мурда “Манас” авиабазасынын туруу акысын 100 эсеге көтөрүү боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген болчу.

«Манас» аба майданындагы авиабазадан бюджетке көлөмдүү каражат түшпөгөнүн, базадан түшчү каражат келерки жылдын бюджетинде да каралбаганын «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрага орун басары депутат Дамир Өскөнбаев билдирди. Бул маалыматты өз кезегинде Каржы министри Акылбек Жапаров дагы ырастады:

-Гансиден түшчү каражат бизде каралган жок. Кайсы фирма кайсы жерде жүрүп атса, алардын кайсы салыгы төлөнсө бюджеттин киреше бөлүгүнө каралды.Ганси боюнча кыргыз өкмөтү АКШнын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Мунун натыйжасы кандай болот аны көрө жатабыз. Бирок анын негизинде биз парламентке келип, жанагы макулдашуубузду өзгөртүшүбүз керек. Анткени ал макулдашуу боюнча кыргыздар бир тыйыны жок эле базаны бекер берген. Террорчулар менен күрөшүп атабыз, биздин берген жардамыбыз болсун деген макулдашуу болгон.

Каржы министри билдиргендей, эгерде сүйлөшүүлөр майнаптуу аяктаса, базадан түшүүчү каражат экономикага бир топ пайда алып келет. Ал эми авиабазадан азыркы учурда мамлекеттик казынага кыйыр түрдөгү салыктар гана түшүүдө.

-Кыйыр жагынан каражаттар түшүп жатат. Ал эми түзмө-түз базанын ижарасы үчүн деп каражаттар түшкөн жок. Салыктардын эсебинен жана башка жагынан акча түшүп атат.

Депутат Өмүрбек Бабановдун пикиринде чет элдик аскер базасынан реалдуу пайда табыш үчүн мурдакы келишимдерди жокко чыгарып, жаңы келишим түзүү керек:

-Менин билген маалыматыма караганда, Башкы прокуратуранын чечими менен «Аалам сервис» компаниясынын бардык мүлкү мамлекетке кайтарылып берилген. Ал азыр аэропортко карайт. Мага жеткен маалымат боюнча учурда Ганси базасын «Аалам сервис» жана МС деген компания күйүүчү май менен камсыз кылышат экен. Булардын эмне үчүн салык төлөбөгөнү менимче мурда түзүлгөн келишимге байланыштуу. Себеби эл аралык аскерий контингент келгенде биздин өкмөт менен АКШнын мамлекеттик департаменти келишим түзгөн. Биздин парламент аны ратификациялап берген. Анда күйүүчү май болобу, кант же цемент болобу америка тарапка өткөзүлгөн нерселер салыктан бошотулат. Ага тапшырып берген компаниялар эч бир салык төлөбөйт деген келишимди мен окуп чыктым. Ал үчүн парламент жаңы мыйзам кабыл алыш керек. Менин оюмча азыркы өкмөттүн жетекчиси, ага тиешелүү министрлер АКШ менен түзүлгөн келишимди кайрадан карап чыгып, келишимдеги кээ бир пункттарды өзгөртүп, күйүүчү майга кошумча нарк салыгын төлөтүү зарыл.

Мындан мурда президент Курманбек Бакиев америкалык авиабазанын ижара акысы жана башка төлөмдөрү боюнча АКШ өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, Вашингтон база акысын азыркыдан 100 эсеге көбөйтүп, төлөп берүүгө макул болуп жатканын журналисттер менен болгон жолугушууда билдирген болчу.

Ошол эле учурда «Манас» аба майданындагы авиабазанын өкүлдөрү ижара акысын көбөйтүү жөнүндө эчтеке билишпейт. Базанын коомчулук менен байланышка жоопкер кызматкери кыргыз президентинин комментарийи тууралуу кабары да жок экенин билдирди.

Президенттин комментарийинен эч кабарым жок. Ижара акы төлөмдөрү көбөйтүлбөдү. Мурдагы калыбында эле.-деп айтты «Азаттыкка» Манас аскер базасынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси Девид Мэй.

Кыргыз парламентинин депутаттары «Манас» аба майданындагы авиабазанын ижара акысын көбөйтүү жана андан мамлекетке реалдуу пайда табуу жөнүндө Өкмөт алдына кабелтең маселе кое тургандыктарын билдиришүүдө.

Экс-президент Акаевдин тушунда америкалык аскер базасына күйүүчү май ташуу бизнеси анын балдарынын колунда болчу. Март ыңкылабынан кийин алардын мамлекетке салык төлөбөй мыйзамсыз байып жатканы ашкере болгон.
Башкы прокуратура тарбынан Акаевдин күйөө баласына кылмыш иши козголгон. Жаңы бийлик өкүлдөрү америкалык авиабазадан түшкөн акча агымын уурдатпай, мамлекеттик казынага бурарын жар салып чыгышкан.

«МЕН… КЫРГЫЗСТАНДЫКМЫН»

Эмдиги жылдын бюджети, жаңы партиянын Конституция долбоору, Майрам Акаеванын каты, бийликке келип жаткандар, саясий «үй-бүлөнүн» менчик телеканалы, чет жерде жүргөн эмгек мигранттарынын көйгөйү, Орусиянын Кыргызстандагы аскер базасы. Апта соңундагы басылмалары козгогон темалардын толук эмес тизмеси ушундай.

Мурунку президенттин бийликтен кетер ою жок болчу, ошондон анын элдин жаалынан коркуп качып кеткени жакшы эле болду. Бирок да А.Акаевдин авторитардык режимин кошо түзүшкөн «анын жакын пикирдеши Кулов» азыр деле бийликте. «Азыр кимдер бийликке келип жатат? Ошол эле Кубанычбек Жумалиевдердин достору кайрадан бийликке келишүүдө. Мындай көрүнүш элдик революциянын түбүнө жете тургандай коркунучтуу багытта баратат. Муну токтотуу керек болчу», дейт парламент депутаты Муратбек Мукашев жума күнкү «Жаңы ордо» гезитинде жарыяланган маегинде. Аңгеме-дүкөн «Мен түндүктөн да түштүктөн да эмесмин… Мен кыргызстандыкмын» деген аталышта жарык көргөн.

А.Акаевдин үй-бүлөсү менен анын жакын адамдары «КООРТ» телеканалын кантип тартып алышкандыктары ушул эле гезиттеги Темирбек Токтогазиевдин маегинде баяндалган. Кыйла кысым, коркутуп-үркүтүүлөрдөн кийин телеканалдын акцияларынын 51% «үй-бүлөгө жана анын жакындарына өткөрүп берүүгө туура келди. Бир ай өтпөй, «кагаз эле берип коюп, дивиденд бербейсиңер!» деген дооматтарды кое башташты», дейт Т.Токтогазиев.

Экс-президенттин жымырып алган мүлкү кайда экени дагыле ачык эместиги, кийинки кездери жаңы бийликтин аны иликтөөгө кошкөңүл тартып калганы 16-декабрдагы «Бишкек таймс» гезитинде да козголгон. А.Акаевдин чет өлкөлөрдө катылган дүйнө-мүлкүн таап берүү убадасын берген Эдвард Либерман Данияр Үсөновдун 500 миң долларын алган бойдон дайынсыз. Д.Үсөнов болсо берген акчасын өкмөттөн доолап жатат, деп маалымдайт Максат Бейшеналиев.

Жаза өтөө жайлар башкармалыгынын мурдагы жетекчиси И.Полотов жөнүндө туура эмес маалыматтарды айрым жооптуу кызмат адамдары таратып жатканына нааразылык билдирген маркумдун жакындарынын «Өлгөндүн үстүнө көмгөнбү?» деген кайрылуу каты да ушул эле гезитте жарыяланган.

Бу жарыкчылыкта болгон нерсенин сөзсүз изи калат, катылуу иштин деле ачыкка чыгар күнү келет, деп жазат жума күнкү «МСН» гезитинде журналист Л.Жолмухамедова. Макала Майрам Акаеванын президент К.Бакиевге жазган «Мындан ары чыдоого болбой калды» деген катына жооп катары жазылган.

А.Акаевдин бийлиги акырына чыгып баратканда Мелис Эшимканов да ушундай эле аталыштагы катты гезит аркылуу «үй-бүлөгө» жолдоду эле, Майрам Акаеванын каты да ошондой маанайда жазылыптыр, деп белгилейт жума күнкү «Кыргыз руху» гезити.

Ал эми «МСН» жаңы санында Рустамбек Мусурманкуловдун «Демократиялык күчтөр биримдиги» партиясы сунуш кылган Конституция долбоору тууралуу пикирине орун берди. Жаңы партия катарына бизнестеги таза, калыс адамдарды, интеллигенттерди чогултууну көздөп жатканына токтолуп, автор башка саясий күчтөрдүн катарында андай адамдар жокпу деген суроону коет.

«Кыргыз руху» гезити парламент депутаты Кубанычбек Исабеков менен маекти жарыялады. Анын маалымдашынча, Орусияда иштеп жүргөн кыргыз жарандарына өкмөт өзгөчө көңүл бурушу керек, алардын жолдо көргөн азап-тозогу, кыйынчылыктары айтып отурса узунсабак сөз. «Бир жума аралыгында эле Орусиядан 10 кыргыз жарандарынын өлүгү келип отурат», дейт К.Исабеков.

Ушул эле басылмада «Исламды боштондуккка чыгаруу» («Хизб-ут Тахрир-аль Ислам») партиясынын мүчөсү Эрлан Бектемировдун «Азыркы бийликти бекер берсе да албайбыз» деген маеги чыкты. «Эл дагы бир жолу алданып калды. Бүгүн кайра эле «ак ит, кара ит баары бир экөө тең ит» дегендей өткөн бийлик менен азыркынын айырмасы жок», дейт ал.

Жума күнкү «Кыргыз туусу» гезитинде Папан Дүйшөнбаевдин Канттагы орусиялык авиабаза тууралуу макаласы жарыяланды. Орусиялык оор аскердик техникалар жолду бузууда, абамайданга жакын жерде жашаган дыйкандар экологиялык зыян тартууда, андан да коркунучтуусу ок-дары жүктөп алган орусиялык аскерий учактар Бишкектин үстүндө ээн-жайкын учуп жүрүшөт, деп маалымдайт макала автору.

Эмдиги жылдын бюджети эскисинен айырмаланбай калганы жума күнкү «Аалам» гезитиндеги Аида Надырбекованын «Жыртык бюджет качан бүтөлөт?» деген макаласында талдоого алынган. 16-декабрдагы «Агым» гезити Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министри Досбол Нур уулунун окурмандар менен маегин жарыялады. Сукбаттын аталышы: «Коррупция бир күндө тыйылбайт экен».

АДВОКАТ ЛИБЕРМАН МЕНЕН ТҮЗҮЛГӨН КЕЛИШИМГЕ КИМ ЖООПКЕР?

Мурунку биринчи вице-премьер-министр милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов эл аралык «Либерман» аттуу юридикалык компаниясына берген 500 миң долларын өндүрүп берүүнү өтүнүп башкы прокуратурага кайрылгандыгы тууралуу өткөн жумада айрым маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Бирок, бул маалыматты башкы прокуратура төгүнгө чыгарууда. Саясатчылар болсо, «Либерман» компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн түзгөн келишими чала түзүлүп калгандыгын айтып жатышат.

Мурунку президент Акаев аркылуу Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып, чет өлкөлүк банктарда орун алган каражаттардын изин табуу үчүн кыргыз өкмөтү март ыңкылабынан кийин чет элдик «Либерман» аттуу юридикалык компания менен кызматташууну баштаган эле. Бул кызматы үчүн «Либерманга» кыргыз өкмөтү 500 000 доллар төлөп бермек.
Ал эми Либерман болсо 1990-жылдардын башында Кыргызстандан чыгарылып кеткен 1 тонна 800 киллограм алтындын кайда экендиги, «Кумтөр», «Центерра голд инк», «Мээрим» фонду, оффшордук аймактардагы ишканалар жана Кыргызстандын тышкы карызына айланган 2 миллиард доллардын мамлекетке келген-келбегени боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүгө милдеттенме алган.
Өткөн жумада айрым маалымат каражаттары мурунку 1-вице премьер-министр Данияр Үсөнов «Либерман» компаниясына берген 500 миң долларын өндүрүп берүү тууралуу башкы прокуратурага кайрылгандыгы жөнүндө жазып чыгышкан. Бирок башкы прокуратура бул маалыматты төгүнгө чыгарууда. Башкы прокуратуранын аппарат жетекчиси Сумар Насизанын сөзү боюнча, бүгүнкү күнгө чейин «Либерман» чыры боюнча эч кандай арыз түшкөн жок:

- Азырынча башкы прокуратурага мурунку 1-вице-премьер-министрден да, «Либерман» компаниясынан да расмий түрдө арыз түшкөн жок. Мурунку баш прокурор Азимбек Бекназаров кол койгон келишим Үсөнов менен «Либермандын» ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде, аларга юридикалык жактан жардам көрсөтүү тууралуу гана келишим болчу. Анда акча жөнүндө эч кандай сөз жазылган эмес. Бул экинчи документ болгон.

Каржы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, Либерманга берилүүчү акча бюджетте каралган эмес. Акылбек мырза мындай документтерге кол коердон мурун, өкмөт менен парламенттин макулдугун алуу зарылдыгы бар экендигин эскертти:

-«Либерман» компаниясына берилүүчү акча бюджетте жок болчу, азыркы учурда деле жок. Бирок мурунку 1-вице-премьердин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов менен мурунку баш прокурор Азимбек Бекназаров «Либерман» компаниясы менен келишимге кол койгон экен. Бирок мындай келишимдерге кол коердун алдында аны өкмөт атайын токтом менен бекитүүгө тийиш эле. Андан кийин республикалык бюджетке толуктоо-өзгөртүү киргизүү тууралуу парламенттин макулдугу керек болчу. Андан кийин гана акча жылууга тийиш болчу. Тартиби ошондой. Андай болбогондон кийин, бизде жакынкы арада акча беребиз деген ой да жок.
Акылбек Жапаровдун сөзүн ЖК депутаты Болотбек Марипов да колдоого алды. Анын айтымында, «Либерман» компаниясы менен түзүлгөн келишим ыңкылап эйфориясы менен чала түзүлүп калган:
-Менин билишимче, анын жасаган иштеринин жыйынтыгы бизге али белгисиз. Экинчиден, жарым милллион долларды өз чөнтөгүнөн төлөп бергендигин Үсөновдун өз иши деп айтууга да болот. Бир жагынан, ал ошол мезгилдеги ыңкылаптык маанай менен, берилип жаткан каражат өзүн актаарына ишенген болуш керек. Экинчи жагынан, Данияр Үсөнов мамлекеттик ишкер катары: мамлекет ошол сумманы бюджеттен төлөп берүүсү үчүн, бул каражат парламенттин макулдугу менен бюджетке салынууга тийиш экендигин билүүсү керек эле.

БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕГИ ЧЫР- ЧАТАКТАР

Кабыл Макешов, Бишкек 23-декабрда Бишкек гуманитардык университетинин ректорун шайлоо болмокчу. Азыркы учурда ректордун милдетин аткаруучу Жолборс Жоробеков окуу жайдын курамындагы үзгүлтүксүз билим берүү институтун жоюп салганына эмгек жамааты нааразы болуп, аны шайлоо алдындагы атаандашына бут тосуу катары кабыл алышууда.

Бишкек Гуманитардык университетинде ректорду шайлоо алдында ызы-чуу уланууда. Төрт ай мурун окуу жайга ректордун милдетин аткаруучу болуп келген Жолборс Жоробеков бир топ иш- аракеттерди жүргүзгөнүн, окуу процесстерин жакшыртуу боюнча программасы бардыгын айтты. Ошондой эле билим берүү жана жаштар саясаты боюнча министрлигинин бирин-бири кайталаган филиалдарды, структураларды кыскартуу жөнүндөгү буйругуна ылайык үзгүлтүксүз билим берүү инситуту жоюлуп, кайрадан жаңыланып түзүлгөнүн мындайча түшүндүрдү.
-Министликтин буйругуна ылайык университетин курамындагы үзгүлтүксүз билим берүү институту башка факультеттердеги адистикти кайталап окутканы үчүн, алар сырттан окууну алып барса, факультеттерде күндүзгү бөлүмдөр иштегендиктен ушул окуу жайды жоюуга туура келди. Имараты, жамааты болгонун эске алып, ошол эле буйрук менен бул институтка жаңы технология адистигин кошуп туруп, кайрадан үзгүлтүксүз билим берүү жана жаңы технология институту кылып кайра түздүк. Албетте, жаңы түзүлгөндүктөн жаңы директор дайындалды.

Ректорду шайлоо жөнүндөгү министрдин буйругу 6-декабрда жарыкка чыгары менен ректордун милдетин аткаруучу Жолборс Жоробеков 200дөй кызматкердин, 4миңдей студенттин укугун бузуп окуу жылы ортолоп калганда институтту жоюп салганы мыйзамга ылайык келбесин, бул шайлоонун алдындагы оюндар экенин үзгүлтүксүз билим берүү институтунун мурдакы директору, Абдылда Мусаев айтты:
-Мен жетектеген институтту жоюп жиберип, негизги атаандашын кызматтан алып ыргытканга ошол эле күнү жетишкенин карабайсыңарбы! Кыскасы, чагылгандай тездик менен жапайы "демократиянын" үлгүсүн дагы бир жолу көргөзгөнгө үлгүрүп жатабыз. Мунусу 200гө жакын адамдан турган институттун коллективин , негизги талапкердин бири катары мени да шайлоого катыштырбай, конституциялык укугумду көз көрүнөө бузгандык деп эсептейм. Аталган институтту айтсак, өз өлкөбүз гана эмес, эларалык мейкиндикке аты дайын болуп калган, ар жылы өткөрүлгөн аттестациялардан жалаң "беш" алып жүргөнү чындык.

Эми буйрукту алалы: биринчиси, шайлоо жүрүп жатканда өзүнүн атаандашын кызматтан алганга кандай акысы бар, бул тикелей мыйзамга каршы кадам. Экинчиден, жакшынакай иштеп жаткан институтту эч себепсиз өзүнүн буйругу менен жое албайт, анүчүн жок дегенде окумуштуу кеңештин мыйзамдуу чечими керек. Үчүнчүдөн, Граждандык кодекс да бузулду, жыл ортосунда килейген институтту жоюп жибериш - айтсаңыздар деги, акылы бар адам жасай турган ишпи? Макул болгон күндө да, беш миңге жакын студент менен эки жүздөй окутуучуну кайда "жашырат" десеңер.




Мындай опурталдуу оюнду Билим берүү министрлиги дыкат көзөмөлгө алып, чырдуу башталган шайлоону адилет, калыс өткөрөт деп ишенип турганын Бишкек гуманитардык институтунун профессору Тилектеш Ишенкулов айтты.
- Азыркы демократиянын талаптарына ылайык ар кимдин өз эркине байланыштуу талапкер болгондордун, ат салышка түшө тургандардын саны азыркы учурда туура жетиге жетти. “ Жетинин бири кыдыр” дейт. Эми кимдин багы болсо, кимдин маңдайына жазса ошол киши жеңип кетет деп ойлойм.

Бишкек гуманитардык университетинин ректорун шайлоо 23- декабрга белгиленип, 7 талапкер ат салышууда.

ПИРАМИДА ТАГДЫРЫ, КОНСТИТУЦИЯДАГЫ ЫҢКЫЛАП, "ПАХАН" ТӨҢКӨРҮШҮНӨН - "ПОГОН" ТӨҢКӨРҮШҮНӨБҮ?

“Пирамида” телерадиокомпаниясынын айланасындагы чыр чатак маселелер басма сөз каражаттарынын актуалдуу темасы бойдон калууда. Мындан тышкары гезит беттеринде жуманын башында мамлекет башчы Курманбек Бакиев “Айрым мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоо жөнүндө” жарлыгы тууралуу ар кыл пикирлер жарыяланууда.

«Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун кыргыз эли талкуулап жатканына бир ай болуп калды. Тилекке каршы юриспруденция тууралуу эч нерсе билбегендер да баш мыйзамды өзгөртүүгө сунуштарын киргизишүүдө. Конституциялык жана Жогорку соттордун башын бириктирүү боюнча да кызуу талкуулар жүрдү. Баш мыйзамды реформалоонун оң жана терс жактары тууралуу «Конституциядагы ыңкылап» деп аталган макалада жазылат. Кыргызстандын белгилүү юристи Сакан Сатыбеков «Вечерний Бишкек» гезитине билдиргендей, сот бутактарын бириктирүү бул туура эмес. Анткени, Жогорку сот менен Конституциялык соттун милдеттери ар кандай. Эгерде Конституциялык сот Жогорку соттун курамына кирип калса, анда Конституциялык сот көз карандысыз орган болбой калат.

Ал эми «Аргументы и факты» гезити «Пирамида»телерадиокомпаниясына байланыштуу талаш-тартыштар тууралуу жазды. Макалада бул маселе боюнча бир нече божомолдор келтирилет. Бул божомолдордун биринде "аталган талаш маселеде эч кандай саясий негизи жок, деп жазылса, көз карандысыз эксперттер «Пирамиданын» айланасындагы маселе – бул мүлк талашуу болуп жатат, деп билдиришти.



Эл аралык «Заман Кыргызстан» газетасынын жума күндөгү санында Абдыкерим Муратовдун "Пахан" төңкөрүшүнөн - "Погон" төңкөрүшүнөбү?» деген макаласы басылды. Анда Бишкек шаарындагы милициянын эки жетекчисинин - ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Молдомуса Конгантиев менен борбор калаанын мамлекеттик автоинспекциясынын башчысы Касымбек Раимкул уулунун ортосундагы чырлуу талаштар тууралуу сөз болот. Автордун пикиринде, "бул жерде бир караганда кадр маселесинин ар ким өзүм чечем дегени көрүнсө, ошол эле кезде укук коргоо кызматкерлерине жогору жактагылардын орунсуз кийлигишүүсүнүн изи байкалат. Шаар милициясынын бир тобу, анын ичинде жетекчилери башкы милиционер Молдомуса Конгантиевди колдоп чыкса, Талас областынын бир топ жеринде майда- майда митингдерде Раимкул уулу Касымбекти колдошо тургандыгын билдирген үндөр жаңырууда.
Бул карама-каршылык жумушта боло берүүчү эки адамдын кадыресе тирешүүсүбү, же андан башкача нерсеби? Эмне үчүн милициялардын
ушундай чуулгандуу иши дал ушул МАИ тармагына байланыштуу чыкты деп ойлойсуз?», деп автор анын себептерин анализ кылат.

Кааласак да, каалабасак дагы жылдын аякташына саналуу гана күндөр калды. Келерки жыл үстүбүздөгү жылдан эмнеси менен айырмаланат болду экен? Мына ушул суроонун айланасындагы макала “Жаңы кылым”гезитинин 15-декабрда чыга турган санында орун алды.

“ Депутаттар бюджет бөлүштүргөндү коюп, каңгыраган заводдорду ишке киргизсе болот эле” деген макалада автор Назгүл Акмат : “Жогорку Кеңштин депутаттарына бюджетти карматпай эле Президент менен премьер министр өз эксперттери менен биргеликте чечсе акылга сыяр иш болмок. Ар министрлик жетимиштен ашык депутаттын оозун майлаганча бир президенттин же премьер-министрдин оозун майлоого азыраак чыгым болмок” деп кобурап жатканын угуп, чын эле мамлекеттик бюджетти дагы акчага бөлүштүрө баштаганбы?”, деп жазат автор


Ушул жуманын башында мамлекет башчы Курманбек Бакиев “Айрым мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. 24-мартта элдик революция ишке ашкандан кийин эле өкмөттүк маалымдоо каражаттарын реформалоонун зарылчылыгы жөнүндө маселе көтөрүп, бул максатта башында вице-премьер-министр Адахан Мадумаров турган атайын комиссия түзүлүп, өз ишин баштаган болчу. Бул тууралуу “Жаңы кылым”гезити мынтип жазат:
«80 жылдан ашык убакыттан бери расмий бийликтин рупорлорунан болуп келген маалымдоо каражаттарын жарым жартылай болсо да колдон чыгаруу алар үчүн жеңилге турган жок. Революциянын эйфориясында “басма сөздүн бардыгын эркин кылабыз” деп жарыялап жиберишкен менен анын өздөрүнө да пайдалуу, башкаруунун формасы өзгөрүлгөн менен бийликтин таасиринен биротоло чыгып кетпей турган вариантын табуу алар үчүн жеңил болгон жок окшойт».

Автордун жазганына караганда, революциянын эртеси күнү эле “Өкмөттүк маалымат каражаттары толук эркиндикке чыгарылды, мамлекеттен ажыратылды. Мындан ары кантип жашайсыңар, ал өз ыктыярыңар” деген чечим чыгарып салышса, маселе өзүнөн-өзү эле чечилмек. Бирок, жогоруда айткандай мамлекет “УТРКны, “Кыргыз Туусу”, “Слово Кыргызстана” гезиттерин жана тармактык, жергиликтүү сексенге жакын маалымдоо каражаттарын толугу менен эркиндикке кое бергиси келбей жатат.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК БАШЧЫЛАРЫН ШАЙЛОО ЧЫР-ЧАТАКТАР МЕНЕН КОШТОЛУШУ МҮМКҮН

Азиза Турдуева, Бишкек Премьер-министр Феликс Кулов айрым райондордо 18-декабрда боло турган шайлоо нааразылык акциялары, чыр-чатактар менен коштолушу ыктымал деген кооптонусун айтып, алдын алуу чараларын көрүү зарылдыгын эскертти. Өкмөт башчысы алдыдагы шайлоого байланыштуу тынчсыздануусун жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоо боюнча республикалык штабдын 14-декабрда өткөн жыйынында билдирген.

Жыйында премьер-министр Феликс Кулов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо айрым жерлерде нааразылыктар менен да коштолушу мүмкүн деген кооптонуу бар экендигине токтолду:

Шайлоолордун жыйынтыктары уруучулук, улуттук, диний бөлүнүүнүн негизинде нааразылыктарга, атүгүл каршылашууларга алып келиши ыктымалдыгы бар региондор да жок эмес. Мындай райондор көп эмес, бирок, мындай кооптонуу бар экендигин биз жашырбай, ачык айтып коюшубуз керек. Ошондуктан, бул маселелер айыл жамааттарынын жетекчилери, аксакалдар менен да талкууланууга тийиш. Биз чыр-чатакты болтурбоого бардык чараларды көрүшүбүз керек .

Феликс Куловдун айтымында, кандайдыр бир деңгээлде нааразылык чыгуу коркунучу Жалалабат облусундагы Сузак, Базаркоргон райондорунда жана Баткен облусунун Исфана шаарында бар.

Жалалабат облусунун губернатору Жусупжан Жээнбеков маалымдагандай, Сузак жана Базаркоргон раойндорунда айыл өкмөт башчылыгына талапкерлер ортосунда өз ара макулдашууга кол коюлду. Ага ылайык, шайлоолордун жыйынтыгы боюнча жеңилип калган талапкерлер кандайдыр бир нааразылык чараларга чыкпай турган болушту.

Ал эми Баткен облусунун администрация башчысынын орун басары Акжол Мадалиев облуста, анын ичинде Исфана шаарында да шайлоо тынч өтөт деген пикирин айтты:

Азыр Баткен облусунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоого бардык даярдыктар көрүлдү. Шайлоо облустун бардык аймагында, анын ичинде Исфана шаарында да тынч, мыйзам чегинде өтөт деп ойлойбуз , -деди Баткен облусунун губернаторунун орун басары.


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун маалыматы боюнча шайлоо өнөктүгү учурунда мурдагыдай административдик ресурстардын пайдаланылышы орун алгандыгы тууралуу арыздар болгон эместигин билдирди.



Ал эми өлкөдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациясынын жетекчиси Курманбек Дыйканбаев белгилегендей, жекшемби күнү боло турган шайлоонун алдында электораттын ичинде бөлүнүп-жарылуу, добуштарды сатып алууга болгон жана башка мыйзамсыз аракеттер көрүлүүдө:

Азыр тилекке каршы, айрым жерлерде административдик кийлигишүүлөр, уруу-уруучулукка бөлүнмөйлөр орун алып жатат. Парламенттик шайлоонун учурундагыдай эле, бул ирет да, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу, тамак-аш таратмай сыяктуу мыйзам бузуулар болуп жатат .

Премьер-министр алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына боло турган шайлоо март ыңклабынан кийинки экинчи жалпы элдин катышуусундагы шайлоо экендигин белгилеп, бул шайлоолор да эл аралык коомчулук тарабынан жогору баа берилген июль айындагы президенттик шайлоодой ачык, мыйзам чегинде өткөрүлөт деген ишеничин билдирди:

Президенттик шайлоо эл аралык коомчулук тарабынан ачык, демократиялык жол менен өткөрүлгөн шайлоо катары бааланды эле. Бул шайлоону да эл аралык, жергиликтүү байкоочулар жогору баа бере тургандай деңгээлде өткөрүүгө аракеттенели , - деп айтты Феликс Кулов.

«КЫРГЫЗСТАН» БИРИМДИГИ РЕВОЛЮЦИЯНЫ УЛАНТАБЫ?

Март окуясынан кийин кайра түзүлгөн «Кыргызстан» биримдиги революциялык максаттардын экинчи этабын ишке ашырууга кызыкдар жана ушул максатта 6-курултай өткөрүүнү көздөп жатат. Бирикменин координациялык кеңешинин төрага милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун мындай демилгесине карата коомдук-саясий чөйрөдө ар кыл көз караштар пайда болду. Ириде мындай демилге бирикмеге мүчө айрым саясий партиялардын нааразылыгын жаратууда.

Кайра түзүлгөн мурдагы «Кыргызстан элдик кыймылына» мүчө партиялардын координациялык кеңеши башкы прокурордук кызматтан бошотулгандан кийин Азимбек Бекназаровду төраганын милдетин аткаруучу кылып дайындашкан. Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин депутаты катары ишке киришкен алгачкы күнү эле маалымат жыйынын уюштуруп, анда «Кыргызстан» бирикмеси март революциясында кетирген катачылыктарын оңдоого бел байлагандыгын жарыялады. Ал революциядан кийин өлкөдө кырдаал турукташа электигин эскерте кетти:

- Менин баамымда революция уланууда. Биринчи этапта Акаев кетти. Бул революция бүттү дегенди билдирбейт. Акаевдин режими калды… Революциядан кийин такыр башка жараяндар башталды. Ооба, биз катачылык кетирдик. Биз бул катачылыкты оңдойлу деп атабыз. Революциялык комитет болгон эмес. Өкмөт түзүлгөн жок. Акаев кетери менен дароо эле биз укуктук багытка кеттик. Бул - биздин катачылыгыбыз.

Бирок, курултай өткөрүү демилгеси калган партиялар менен макулдашылбагандыгын дароо эле «Азаттыктын» кабарчысына бирикмеге мүчө «Эркиндик», Кыргызстан коммунисттик партиялары билдиришти. «Эркиндик» саясий партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев бул Азимбек Бекназаровдун макулдашпай туруп уюмдун атынан жарыялаган алгачкы билдирүүсү эмес дейт:

- Ошол Кыргызстан Биримдигинин атынан Конституциянын жаңы деле эмес, бир долбоорун иштеп чыгып, Роза Отунбаева («Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы- авт.) экөө конституциялык кеңешмеге киргизип таштаптыр. Ал талкууланган эмес. Андай болгондо Бекназаров менен Отунбаеванын атынан деп койсо чатак жок эле да… Эми бул маселеде да эч кимге айтпай эле оңду-солду интервью берип атат.

Топчубек Тургуналиев курултайдын өтүшүнө каршы эмес. Бирок, анда 24-март окуясына саясий баа берүү демилгесин кечиккен демилге катары санап, ага мурда эле баа берилгенин айтат. Ал эми экс-прокурордун баамында, Кыргызстан коопсуздук кеңеши 24-март маселесин караган отурумунун чечимин алигиче чыгара элек.

Коммунисттер партиясынын катчысы Клара Ажибекова «Эркиндик» саясий партиясынан айырмаланып, курултайда бул маселенин көтөрүлүп жатышын жөндүү дейт. Анткени, өлкө дагы, эл дагы бир жылга жакын убакыттан бери күтүп турат. Ошол эле учурда азыркы бийлик март окуясынын алдында берген убадаларын аткара элек. Ириде менчиктештирүүгө байланышкан маселе козголо элек. Бул жагынан алганда, Ажибекованын пикиринде эгер азыркы бийлик революциялык бурулуштарды жасабаса, анын тилектештери сөзсүз каяша айтууга аргасыз болот. Ал эми «Эрк» саясий партиясынын төрагасы, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Бектур Асанов жаңы бийлик орнотууга салым кошкон саясий партиялардын азыркы жагдайда биримдикте болушун каалайт. Ал эми айрым талдоочулар, тескерисинче, бирикмеде эч качан биримдик болбогондугун, бул маанай күчөбөсө, басаңдабашын айтышат. Мунун себебин ишкер жана саясатчы Өмүрбек Абдыракманов төмөнкүдөй баалайт:

- Булар идея үчүн күрөшкөн эмес. Биринчиси эле Акаевди жок кылыш болчу. Бүттү. Идея жок болуп атпайбы. Анан бийликке отуруп калгандары бийликтин камчысын чаап, бийликке жетпей калгандар биз дагы революция кылып, буларды жок кылабыз деп атышат. Бул коркунучтуу нерсе да. Булар мамлекет куруунун идеяларын айтпай атышат.

Азимбек Бекназаровдун революциянын экинчи этабын ишке ашыруу демилгесин толугу менен колдогон «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов тескерисинче, революциялык аракеттер акырына чыкпай калган шартта мамлекетке коркунуч жараларын айтат. Бул элдин ишенимин суутат дейт Байсалов.

Акаевдин бийлигин кулатуу максатын көздөп түзүлгөн Кыргызстан элдик кыймылы 24-июлдагы курултайда «Кыргызстан» биримдиги деп кайра түзүлүп, анын курамына «Эркиндик», «Эрк», «Асаба», коммунисттердин эки партиясы, «Жаңы Кыргызстан», КЭК саясий партиялары биригишкен. Ал эми 24-март окуясына чейин кыймылдын курамында болуп келген КДК, «Кайран эл» партиялары катардан чыгып кетишкен. Ушул эле жыйында Курманбек Бакиев өзүнүн президент болуп шайлангандыгына байланыштуу кыймылды жетектөөнү токтоткон. Бакиевдин бул кадамын айрым талдоочулар мамлекеттик бийликти алмаштырган негизги саясий күчтүн жикке бөлүнүшүнө жол ачкан кадам катары сыпаттап келатышат. Ал эми жаңы бийликке колдоо көрсөтүп келаткан «Эркиндик» саясий партиясынын төрагасыТопчубек Тургуналиев биримдикке мүчө саясий уюмдардын позициялары 24-декабрга белгиленген курултайдан кийин белгилүү болорун кыйытты.

КЫРГЫЗ ПАСПОРТУ КАЙРАДАН “КӨКБӨРҮГӨ» ТҮШТҮ

Кыргызстанда паспорт маселеси курч проблема бойдон калууда. Көптөгөн кыргыз атуулдары паспорттору жок кошуна мамлекеттердин чекараларынан өтүүдө азап тартып келишсе, айрымдары чет өлкөгө жумушка, окууга барууга бара албай, өкмөттөн үмүтүн үзбөй келишүүдө. Маалымат технологиялар жана ресурстар боюнча Улуттук агенттиктин билдиргенине караганда жаңы паспорттор Молдованын “Регистру” компаниясы тарабынан чыгарылып, атуулдарга бериле баштады. Сентябрь айында Маалымат технологиялар жана ресурстар боюнча Улуттук агенттик паспорт чыгаруу боюнча Түштүк Кореянын Venture C&C Plasa компаниясы менен келишим түзгөн. Жакында ал келишим бузулгандыгына байланыштуу Түштүк Кореялык компания өкмөттү сотко бере турган болду.

Өткөн жылы 26-апрелде паспорт чыгаруу боюнча долбоорго жарыяланган тендерди Молдованын «Регистру» компаниясы утуп алып, Кыргызстандын атуулдары үчүн паспортторду чыгарууга киришкен. Кийин тендерди утуп алууда Кыргызстандын мыйзамдары одоно бузулган делип үстүбүздөгү жылдын 17-июнунда жаңы өкмөт мурдакы өкмөттүн буйругун жокко чыгарган. Ал эми жаңыдан түзүлгөн тендердик комиссиянын чечими менен ушул жыллдын 26-сентябрында Маалымат технологиялар жана ресурстар боюнча Улуттук агенттик паспорт чыгаруу боюнча Түштүк Кореянын Venture C&C Plasa компаниясы менен контрактыга кол коюшкан. Маалымат технологиялар жана ресурстар боюнча Улуттук агенттиктин жетекчиси Амангелди Кенжетаевдин айтымында, келишимге ылайык Түштүк Кореялык компания бир айдын ичинде Бишкекке паспорт чыгаруучу заводдун жабдууларын алып келип, жаңы паспорттун алгачкы үлгүсүн көрсөтмөк. Тилекке каршы, Кореялык компания эки айдан бери келишимде көрсөтүлгөн талапты аткарбагандыктан, аталган агенттик кайрадан Молдованын “Регистру” компаниясы менен иштеше баштады. Муну Ички иштер министрлигинин Паспорт жана виза башкармалыгынын жетекчиси Эркин Арапбаев да тастыктады.

Маалымат технологиялар жана ресурстар боюнча Улуттук агенттиктин жетекчиси Амангелди Кенжетаевдин билдиргенине караганда, Молдованын “Регистру” компаниясы чыгарган алгачкы жаңы паспорттор 13-декабрдан тарта Кыргызстандын атуулдарына бериле баштады. Ал паспорттор эл аралык стандартка жооп берип, Кыргызстандагы паспорт көйгөйүн жакын арада чечүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлдү.

-Түштүк Кореянын компаниясы менен контракт үзүлдү деп оозеки айтып атышат,- деди Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков "Азаттыкка". -Бирок бул контрактын 6-бөлүгүндө жоопкерчилик жагы абдан катуу жазылган. Ал боюнча эгерде тигил же бул тарап келишимден баш тартса, чоң көлөмдөгү айып тартышы керек. Бул келишимди аткарыш керек. Тактап айтканда, паспортту Түштүк Кореялыктар жасайт экен. Мен контракт токтотулду деген келишимди көргөн жокмун. Быякка келатып Кенжетаев мырзадан сурасам, ал айтты;”сөз жүзүндө баш тарттык, келишим түзүлө элек” деп. Бул маселе боюнча Түштүк Кореялыктар да, Германиянын дагы бир компаниясы сотко бериши мүмкүн.

Депутат билдиргендей паспорт маселеси боюнча жакын арада парламентте талкуу өткөрүлөт. Эл паспорттон кыйналып атса, эки ортодо пайда көрүүнү көздөгөн чиновниктер да бар.

-Тилекке каршы кээ бир мамлекеттик кызматкерлер ушул абалдан пайдаланып, муну бизнеске айландырууга аракет кылышууда,-деди Кубанычбек Исабеков.

Айрым бир маалыматтарга караганда, Молдованын “Регистру” компаниясынын чыгарган паспорттору эл аралык нормаларга жооп бербейт. Анткени АКШ, Европа, Орусия мамлекеттери биометриялык сапаттуу паспортторду колдоно баштаганда Кыргызстандын паспорттору жараксыз болуп чыга келет. Кыргызстанда кайрадан паспорт көйгөйү башталышы мүмкүн. Ал эми Түштүк Кореянын Venture C&C Plasa компаниясы менен контрактты бузууга кээ бир чиновниктер кызыкдар болгон. Контрактынын бузулганын доомат кылып Түштүк Кореялык компания кыргыз өкмөтүн сотко берүүгө даярданууда.

АНВАР АРТЫКОВ : “БҮГҮНКҮ КҮНДӨ КЕРЕГИБИЗ ЖОК БОЛУП КАЛДЫ ОКШОЙТ”

Кубанычбек Жолдошев, Ош Коомчулукта мамлекет башчысы Курманбек Бакиев Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыковду кызматтан бошотуу менен марттагы элдик ыңкылаптын таасири менен бийликке келген үчүнчү саясатчыны кызматтан алды деген терс пикирлер орун ала баштады. Мына ушуга байланыштуу бийликтен кетишинин түшүнүксүз себептери, президент менен болгон мамилеси, Аксарай оюндарынын күчөшү жана ыңкылапчыл жактоочулардын талаптары тууралуу жакында күтүүсүздөн кызматтан алынган Анвар Артыков "Азаттык" радиосунун кабарчысынын суроолоруна жооп берет.

- Анвар мырза, президент Курманбек Бакиевдин сизди кызматтан бошoтуу жөнүндө чечимин кандай кабыл алдыңыз?

- Күтүлбөгөн кадам катары кабыл алдым. Премьер-министр келет деди, барып тосуп алдык. Машинага отургандан кийин Феликс Шаршенбаевич, мен указ алып келдим, сиз ордуңуздан кетесиз, жаңы киши алып келдим деди. Ошол жерден биринчи уктум. Ошондон түз эле администрацияга келип элди чогулттук.

- Марттагы элдик ыңкылаптын натыйжасында бийликке келген президент Бакиев өзүнүн мурдагы ыңкылапчыл тилектештеринен секиндеп ажырап бара жатат деген пикирге кандай карайсыз?

- Бул суроону ошол кишиге бериш керек. Башта бул нерсе макулдашылды беле деген суроолор менен Бишкектен, башка жерден телефон чалып атышат. Жок, эч ким сүйлөшкөн жок дегенден кийин алардын да ою жакшы болгон жок. Марттагы окуя болуп өттү, мен марттагы ыңкылаптын адамы катары ушул күнгө чейин отурдум. Менимче бүгүнкү күндө керегибиз жок окшойт.

- Сиздин кызматтан бошотулушуңузга карата март айында ыңкылапка чогуу чыккан тилектеш адамдардын кандай мамилесин байкай алдыңыз?

- Ушул күндөрү Карасуудан, Каракулжадан элдер чыгып даяр болуп биз эл шайлаган жетекчибизди колдоп барабыз дегендер чыкты. Мен өзүм чыгып айттым, мен жогорлоп кетип атам, бизге экинчи революциянын кереги жок, каршымын, элди үгүттөбөйм дедим. Артымда эл бар, аларды алып чыгам десем бул митаамдык болот.

- Коомчулукта Анвар Артыков Aксарай оюндарынын курмандыгы болду деген пикирлер орун алууда. Дегеле президентке эмнеңизден жакпай калдым деп ойлойсуз?

- Болгону менден губернатолук алынды. Адамкерчилигим, адамдык сапатым, башым, колум-бутум өзүмө калып атат. Бийлик деген бүгүн бар, эртең жок, ага мен көп кейибейм. Биз саясатта жүргөн адамбыз. Биринчи Акаев кетсин деп декабрда Бишкектен баштаганбыз. Штабдын тапшырмасы менен Ошко келип Оштук революцияны башкарганга аракет кылдым. Элдин кызыкчылыгы үчүн мени жумшаса ойлонбой барам.

- Президент жаңы кызмат ордун сунуштаса барасызбы?

- Президент бүгүн саат онго чакырган экен. Аппарат менен тогуз ай чогуу иштештик. Президент мага кызмат берет экен деп аппарат менен коштошпой чуркап кетип калсам менин абийриме туура келбейт. Эртең барып кызмат сурайын деген оюм жок.

БЮДЖЕТ, БЮДЖЕТ, БАШТАГЫСЫНАН АЙЫРМАСЫ ДЕЛЕ ЖОК

Өкмөт эмдиги жылдын экономикалык өсүшү 5% азыраак ашары эмитен эле болжолдонууда. Президент К.Бакиев өнүгүү ыраатын 8% көтөрүү милдетин койгон. 2006-жыл бюджетинин киреше бөлүгү 20 миллиард сомго бираз жете бербеген сумманы түзөт. Чыгаша бөлүгү 23 миллиардка жакын акча. Ортодогу жетпей калган акча чет эл инвестициясынын эсебинен жабылат. 14-декабрда парламентте эмдиги жыл боюджети боюнча коомдук угуу болуп өттү.

Кыргызстандын Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун ырасташынча, эмдиги жылдын бюджети реалдуу, андагы белгиленген көрсөткүчтөрдүн дээрлик баарынын ишке ашырылышына мүмкүнчүлүктөр бар. Ал үчүн өкмөт биртоп өнөр жай ишканаларын ишке киргизип, инфляцияны 4,5% деңгээлинде, ал эми сомдун долларга карата катышын 42 сомдон ашырбай кармап туруусу зарыл.

«Кумтөрдү» кошпогондо республика боюнча ички дүң продукттун өсүшү - 5,4%, мунун ичинде өнөр жайындагы өсүш - 5,2%, айыл чарбаныкы - 4,1%, тейлөө тармагы - 6,2%, курулуш - 12% алдыга жылышы белгиленген. Ички дүң продукттун көлөмү 111,5 миллиард сомго, андагы көрсөткүчтөр мурдагы эле калыбында калары, башкача айтканда, бюджеттин негизги жүгүн өнөр жай, айыл чарба, тейлөө тармагы көтөрө тургандыгы бул ирет да ырасталды.

Бирок да президент К.Бакиев белгилеген экономикалык өнүгүүнүн 8% көрсөткүчү эмнеликтен 5,4% түзүп калганын министр экономикалык ыкчам өнүгүүнүн зарыл шарты катары түшүндүрдү. Бирок да андай кенемтени парламенттин Бюджет жана каржы маселелери боюнча комитеттин төрагасы Акматбек Келдибеков жаңы өкмөттүн экономиканы ыкчам өнүктүрүү боюнча ачык программасынын жоктугу менен байланыштырат.

- Мына социалдык багыттагы деп жатабыз. Пенсия жашын төмөндөтүү кирбесе, айлык баланча пайызга көтөрүлөт деп айтпаса, 5% - 2 миллиардды каякка бөлүштүрөт? Бүгүнкү күнгө да жетпейт. Бул эч нерсеге жетпейт. Азыр да кеч эмес. Эгерде өкмөт жакшы эсептеп, биздин комитеттин берген тыянагы боюнча эсептеп, макулдугун берип, азыркы кырдаалдан чыкса болот. Орточо пенсия өлчөмү 700 сом болсо, мугалим менен дарыгердин акчасы 600 сом болсо, анан эртең эмне болот? Элдин баары ушуну 2006-жылдын бюджетин күтүп жатат. Эч нерсе болбойт.

Экономика жана каржы министри эмдиги жылдын бюджети социалдык багытты көздөрүн белгилеп, пенсия, жөлөкпул, билим, саламаттык сактоо, социалдык тармак кызматкерлеринин айлык маянасын көтөрүүгө кыйла акча бөлүнгөнүн айтты. Бирок да Кыргызстандын азыркы экономикалык мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин белгилеп, буга чейин кабыл алынган айырм социалдык мыйзамдарда көрсөтүлгөн каржылык колдоолорду өкмөт аткара албастыгын моюнга алды.

- Биз жанагы мугалимдин тетрадь текшергенине, коммуналдык кызмат акысын жеңилдетүү жана башкалар боюнча мыйзамдарда белгиленгендерди санап көрсө 1,5 миллиарддан ашык акча керек экен. Ошондуктан биз азыр булардын айлык маяналарын жеткиликтүү деңгээлге көтөрөлү деп жатабыз. Ага чейин болсо мына иштебей аткан мыйзамдарды кайра текшерип жатабыз. Ошол мыйзамдардын баарын парламентке сунуштайлы деп жатабыз.

Бюджеттик угууда жергиликтүү шаарлар ассоциациясынын президенти Курманбек Дыйканбаев эл революциячыл өкмөттөн көп жаңылыктарды үмтөткөнүн, бирок да азырынча баштагы эле көнүмүш кайталанып жатат деп билдирди.

- Эл республикалык бюджетте өзгөрүү болобу деп күтүп жатат. Мисалы, жергиликтүү бюджетте депчи. Сиздин баяндамаңыз жакшы болду, экономикалык өнүгүү 5% тегерегинде болот дедиңиз. Мурдагы жылдан айырмасы болбой жатат. Эл болсо эмне үчүн революция жасадык деп жатышат. Коррупцияны жок кылбаса да азайтууну күтүшкөн.

Өкмөт бюджетти толук аткарбай, жыл сайын биртоп статьялар баам сыртында калып келатканын депутат Дамир Өскөмбаев да белгиледи.

- Жыл сайын мыйзам бузуулар катталат, биртоп статьялар аткарылбайт.

Д.Өскөмбаев бюджетти толук аткарбаган өкмөт кызамттан кетишин мыйзамга киргизүү зарылдыгын белгилесе, анын кесиптеши Иса Өмүркулов азыр кош стандарт өкүм сүрүп, элди тоноо күчөгөнүн мисалга тартты.

- Азыр эки ирет чогултуу жүрүп жатат. Бири мыйзамдуу чогултуу, бюджет, бажы, салык жыйымдары, экинчиси көмүскө жыйноо. Мыйзам коргоо, текшерүү-көзөмөлдөө органдары мамлекеттин рекэти болуп алышты.

15-декабрда эмдиги жыл бюджети папламент комитетинин кеңейтилген жыйынында талкууга алынат. Бул жаңы өкмөттүн биринчи экономикалык сыноого түшүшү.

«ПИРАМИДА» ТЕЛЕКАНАЛЫ: ТАЛАШТЫН АРТЫНДА ДАГЫ БИР КӨҢТӨРҮШТҮН БАШЫ КӨРҮНГӨНСҮЙТ

«Пирамида» телеканалына белгисиз адамдардын кол салуусу, аларга карата «кызыл шапкечендердин» мамилеси Кыргызстан дагы бир көңтөрүш же чыныгы революция алдында турганын каңкуулап турган жокпу», деп жазды 13-декабрдагы «Кыргыз руху» гезити. Өз алдынча маалымдоо каражаттарын басып алуу шойкону Кыргызстанда 24-марттан тарта башталган. Бул арада өкмөт кол алдындагы маалымдоо каражаттарына өз алдынчалыкты берүү тууралуу жарлыгын чыгарды.

Сөздү деле ошол «Кыргыз руху» гезитинен баштасак. «Эгерде «Пирамидага» карата баскынчылык жападан-жалгыз окуя болсо же жок дегенде «Вечерний Бишкек», «КООРТтогудай» укуктук негиз, «үй-бүлөлүк режимдин» изи болсо да, аны түшүнсө болор эле». Бул жерде «маалымат мейкиндигине да абсолюттуу бийлик жүргүзүү саясаты, «Алай» мейманканасы, Карасуу базары баштаган менчикти кайра бөлүштүрүү процесси жана Жогорку сот, Жогорку Кеңеш, Конституциялык сотту таркатуу жана жоюу, премьер-министрди отставкага кетирүү өңдүү саясий оюндардын уландысы, логикалык жыйынтыгы жатат», деп жазат гезит редактору Б.Таштаналиев.

24-марттан кийин демдүү башталган конституциялык реформа солгун тартып, учурда президент менен парламент ыйгарым укуктарын бөлүштүрө албай убара чегип жатышканы Жазгүл Масалиеванын «Саясат саясатчылар үчүн, а элге эмне артат?..» деген макаласында талдоого алынган. Жаңы бийликке А.Акаевдин гана Конституциясы эмес, паспортун жасаган фирмасы да жагып калганы ушул эле гезиттеги экинчи бир макалада баяндалган.

Паспорт көйгөйү жакын арада чечилиши күмөн экендигине 13-декабрдагы «Вечерний Бишкек» гезити да токтолду. Маалымат ресурстары, технология жана байланыш улуттук агенттигинин директору Амангелди Кенжетаевдин айтымында, өкмөт молдовалык «Регистру» мамлекеттик ишканасы менен мамилесин калыбына келтирип, жаңы паспортту ал жактан жасатууга макул болууда. Мунун акысына молдовалыктар эларалык сотко жолдогон Кыргызстандан 25 миллион евро өндүрүп берүү жөнүндөгү арызын кайтарып алышууда.

Өткөн аптанын аягында «Пирамида» телеканалынын жалпы жамаатынын жыйналышы чогулуп, анда компаниянын президенти А.Бийназаровду кызматтан алынып, ордуна анын мурдагы орунбасары Олег Вассилди дайындалган, деп маалымдайт Эльвира Темир.

«Пирамида» телеканалынын айланасындагы талаштын дагы күчөшүнө кызыкдар күчтөр бар. Бул жерде кимге канча акция тийиштүү экени же сөз эркиндиги эмес, бийлик үчүн күрөштүн кызыкчылыгынын башы көрүнүп турат. Темир канат оппозиция саясий упай алыштын амалында жаңжалдын дагы уланышына кызыкдар, деп белгилейт Уран Ботобеков 13-декабрдагы «Слово Кыргызстана» гезитинде.

Кыргызда маркумду жерге берүү зыйнаты 100 – 120 миң сомду соруп кетери ушул эле гезиттеги Заирбек Сашанын макаласында козголгон. Орточо айлык акы 10 доллар, калктын жарымы жумушсуз, опсуз чоң ыгым-чыгымды көпчүлүк унчукпай айласыз көтөрүүдө. Буга жадесе муфтият да каршы чыга албады, дейт автор.

«Пирамида» телеканалынын жетекчилиги акциянын башкаруу пакетин үч жылга күрөөгө коюшканын айтууда, деп кабарлайт «МСН» гезитинде Дарья Малеваная. Экинчи тарап аны төгүндөп, компанияга мыйзамдуу негизде кожоюн экенин

«ПИРАМИДАНЫН» ТАГДЫРЫН СОТ ЧЕЧЕТ

Вице-премьер-министр Адахан Мадумаров 13-декабрда «Пирамида» телерадиокомпаниясын талашып жаткан тараптар менен жолугушту. Анда вице премьер-министр бул чатакка президенттин эч кандай тиешеси жок экендигин билдирди. Жолугушууда «Пирамиданын» айланасындагы чырды башынан тарта, өткөн жылы компаниянын 50% акциясы «Ареопаг-Бишкек» компаниясынын колуна өткөндөн тартып иликтөө зарылчылыгы да белгиленди.

Вице-премьер-министр менен жолугушууга «Пирамида» телерадиокомпаниясынын эмгек жамааты, телекомпаниянын чырына байланыштуу түзүлгөн парламенттик комиссиянын өкүлдөрү Кубатбек Байболов, Кабай Карабеков жана журналисттер профсоюзунун төрагасы Азамат Калман катышты.

Экинчи тараптан «Медиа Инвест» жоопкерчилиги чектелген уюмунун аткаруучу директору Султан Курманбаев менен юридикалык кеңешчиси Илларион Адамян келди. Алар депутат Байболовдун «Медиаинвест» уюмуна ээлик кылган «Инвест Тел» компаниясынын ээси ким деген суроосуна жооп бере алышкан жок.

Вице-премьер-министр Адахан Мадумаров «Медиа Инвесттин» өкүлдөрүнөн «Пирамиданы» жайына коюп, маселени юридикалык жол менен сот аркылуу чечүүнү өтүндү. Бирок «Медиа Инвест» уюмунун укуктук кеңешчиси Илларион Адамян уюм юридикалык мекеме катары Адилет министрлигинен каттодон өткөндүгүн жана «Пирамида» телерадиокомпаниясынын 50% акциясына ээ экендигин айтып, муну юридикалык жактан далилдөөгө зарылчылык жок деген пикирин билдирди:

-Биз «Пирамиданын» капиталынын бир бөлүгүнө ээ экендигибизди тастыктаган документ бар. Ошондуктан муну далилдөөнүн зарылчылыгы жок деп эсептейм. Бирок биздин чогуу иштейли деген сунушубузду булар уккусу да келген жок. Ал эми «Пирамиданы» күч менен тартып алууга жасалган аракеттерге биздин тиешебиз жок.

Депутат Кабай Карабеков «Пирамиданын» айланасындагы чуу «Медиа Инвесттин» 50% акцияга ээ болгон күнүнөн тарта эмес, өткөн жылы телекомпаниянын 50% акциясы «Ареопаг-Бишкек» компаниясынын колуна өткөн учурдан тартып иликтөө зарылчылыгын белгиледи:

-Бул тарых өткөн жума күнү «Пирамиданы» басып алуудан башталган жок. Бул чыр бир жыл мурун: ошол учурдагы бийлик «Пирамиданын» президентинин колун толгоп туруп, 50% акциясын «Ареопаг-Бишкек» компаниясына тартып берген учурдан башталган. Демек, парламент да, юристтер да иликтөөнү ошол убактан тартып жүргүзүүгө тийишпиз.

Депутат Кабай Карабековдун сөзүн вице-премьер-министр да колдоду. Анын айтымында ошондо гана адилет чечим болот:

-Эгер былтыр башталган болсо, анда ошол убактан тарта башталат. «Вечерний Бишкек» менен КООРТтун айланасында да ушундай болгон. Эми келип, «Пирамида» менен болууда. Алар кайра ээлерине кайтарылбадыбы. Каралат бүт баары, убакыт керек, мезгил керек.

Жолугушуунун аягында «Пирамида» телерадиокомпаниясынын башкы редактору Елина Чернявская март ыңкылабынан эки айдан кийин компаниянын вице-президенти Олег Вассиль «Ареопаг-Бишкек» компаниясына өтүп кеткен акциялар боюнча документтерди вице-премьер Мадумаровдун колуна тапшыргандыгын эскертти. Ал ошол документтерди кимдир-бирөө колдонуп кетүүсү мүмкүн деген пикирде:

-Биз ал документтерди июль айында тапшырганбыз. Ал эми «Инвест Тел» менен «Инвест Медиа» август айында түзүлүп жатат. Менин оюмча, кимдир-бирөө ошол документтерди пайдаланган.

Мадумаровдун маалыматы боюнча ал документтер Акаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктөрдү иликтөө жүрүп жаткан мезгилде чогултулган. Анын айтымында, документтер бул ишти алып барган 1-вице-премьердин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдун колуна тапшырылган.

Депутат Кубат Байболов парламенттик комиссия «Пирамида» телерадиокомпаниясынын айланасындагы маселе боюнча изилдөө жүргүзүп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, «Медиа инвесттин» чыныгы ээлери аныкталмайынча талашып-тартышууга негиз жок.

«Пирамиданын» башкы редактору Елина Чернявская жолугушууну бийлик тараптан жасалган алгачкы кадам деп баалады. Бирок компаниянын көз карандылыгын сактап калууда парламенттик комиссия менен «Пирамиданы» коргоо кеңешине ишеничи чоң экендигин жашырган жок.

ҮЙ- БҮЛӨӨНҮН “СЫРЫ”, “ПИРАМИДАНЫН” ЧЫРЫ, ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫНЫН ЫРЫ.

Кабыл Макешов, Бишкек 13- декабрдагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары өлкөдөгү кадр саясаты, “Пирамида” телерадиокомпаниясынын айланасындагы чыр- чатак, элетти колдогон инвестициялар, турак жай курулушунун ипотекалык кредитинин күңгөй- тескейлери тууралуу макалаларды жарыялашты.

13- декабрдагы “Агым” гезитиндеги «Жолбүгүн» рубрикада оштук журналист Шайлообек Назаралиев өлкөдөгү кадр саясаты, чиновниктердин балдары, Жапония сабактары жана таза муун тууралуу кеп козгойт.

“Элим, өлкөм эмне болсо ошол болсун, өзүм аман болсом болду деген эле бадрактык саясат. Ошондуктан, кадр тандоо системасын түбү менен өзгөртпөй туруп турмушубуз оңолот деш - "Карышкырга кой кайтарткандай" эле нерсе.
Согуштан кийин Япон мамлекети Батышка миңдеген улан-кыздарды атайын жөнөтүп, аларга жакындан камкордук көрүп турган. Өкмөт башчылары өздөрүнүн балдарын, тууган-уруктарын, жердештерин эмес, жалпы карапайым калктын ичинен суурулуп чыккан таланттуу, зирек балдарды жиберген. Япония азыр деле мына ушул принципти бекем карманат. Бизде "Таанышың болсо - танкасың, таанышың жок - маңкасың" деп жөн жерден айтылбаса керек. Ал эми тааныш - адатта кызмат адамында болот. Ошентип, жетекчилер өз казанында, эл өз казанында кайнап, экиге бөлүнүүдөн 24-март чыкты. Бирок эмне өзгөрдү? Биз үлгү кылган өнүккөн өлкөлөрдө "Адамды ишинен, ишинин жыйынтыгынан бил" деген принцип бар. Кадрлар ушул принциптин негизинде - конкурс, тестирлөө аркылуу тандалат. Бизде "колу ийрисине тартат" дегендей.

Эгер биз бул жолдон кайтпасак, башыбыздан дагы көп 24-мартты өткөрөбүз. Анткени, кадр саясатына медициналык термин менен диагноз койсок, ичип-жегенден башканы билбеген бадрактар өлкөнү, элди ичтен кууруп, таза клеткаларды жеп, чоңойуп бараткан шишик оорусундай болуп калды. Эл анын жүгүн көтөрө албай 700 миңдейи тентип, калганы жакырчылыктын сазына белчесинен батып калганы баардыгыбызга белгилүү.
Эгер биз ыкчам өнүгүп бараткан дүйнөлүк экономикага интеграцияланабыз, глобализация Кадр саясатында революция жасап - биз чечкиндүү кадамга барышыбыз керек. Бул оор нерсе. Бирок, башка жол жок. 15 жыл тайраңдагандын, 2 млрд. доллар карызды моюнга илгендин күнү ушул.» деп жазат Шайлообек Назаралиев.
«Агымдын» кабарчысы Асланбек Сартбаев "Үйбүлө" деген макаласында өлкөдө мүлк бөлүштүрүүгө президент Курманбек Бакиевдин үйбүлөө мүчөлөрү аралаша баштаганын сынга алган.
«Акыркы кезде Бакиев-Кулов тандеминин ажырымы анын алдындагы кадрларынан ачык байкала баштады. Эки жээктен куралган аткаминерлер тирешүүсү көпкө узабай калды өңдөнөт. Мындан да бүгүнкүнүн эң башкы саясаты, баягы эле эски "үйбүлөнүн" жолуна түшкөндүгү. Союп каптагандай опокшош. Бул жаңылык да болбой калды, аягы кандай жаңылык болору али белгисиз...
Бакиев-Кулов тандеминин жемиши, чылгый интрига, ит жүрүштөрдүн коштоосунда жарга баратат.
Ал эми дагы бир ызы-чуу, "Пирамида" телеканалынын "үйбүлөнүн" азуусунда тургандыгы коомчулукка "дүң" этти. Куду К.Бакиев А.Акаевдей билмексен, эч нерсени көрбөйт, билбейт.
Баштагы "үйбүлөнү" көргөндүрсүз, көп нерсени жашырып-жаап, тымызын жасачу. А жаңы "үйбүлөнүн" ачык жолго түшкөндүгү коомчулуктун көз кароолунда турат. Эгерде бакиевчилер жолу ушул болсо, анда кай тарапка качары да белгисиз.» дейт кабарчы Асланбек Сартбаев.

Ушул «Агымда» журналист Жылдыз Мусабекова «Бийлик билгенин кылабы?» деп суроо коюп, «Пирамида» телерадиокомпаниясынын айланасындагы чыр- чатакты иликтөөгө алат.
«"Пирамида" ТРК кызматкерлери, депутаттар чогулуп "тегерек үстөл" уюштуруп, ийри отуруп, түз кеңешүүдө "Пирамиданы" алгысы келгендердин башында президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев турарын, Аркан Карив менен Валерий Хайзников шайлоо учурунда президенттин штабында иштешкендерин кабарлашкан.
10-декабрда президенттин пресс-секретары Надыр Момунов "Пирамиданын" тегерегиндеги ызы-чууга президент Курманбек Бакиевдин түз да, кыйыр да тиешеси жок" деп билдирди» деп маалымдайт Жылдыз Мусабекова.

Ушул “Агымдын” кабарчысы Жолдошбек Зарлыкбеков “Элетке инвестиция барып жатабы?” деп суроо коюп, жооп издейт. Ошол макаласынын мазмуну тууралуу автор мындай дейт.

-Кыргызстанда көптөгөн чет фирмалар арасынан айылдарды өнүктүрүү жана аларды инвестициялоо (АРИС) деген уюм бар. Бул уюм башында экс-прем Совмин төрагасы С.Ибраимовдун кызы - Эльмира Ибраимова. Бул уюм бирнече долбоор менен иштеп жатышат. Элет эли бул уюмдун долбоорлорунун таасирин сезип калгандыктан суроо салып жатышат.
Бул агентчилик 2003-жылдан бери Кыргызстандын элетиндеги турмушту оңдоого көмөк көрсөтүп келатат. 350 айылда мектеп оңдоо, ФАП, клуб, жол, көпүрө оңдоого Дүйнөлүк банк 15 млн.доллар, япон өкмөтү - 1,5 млн.доллар бөлгөн. Айыл өкмөттөрү бул уюмдун дарегин билип, арызын жазса, тендерге чыкса жардамга келет. Бул уюм ишин жаңы баштаганда "тендерге чыксак, биздин айыл силерге канча пара беребиз?" деген да учурлар болгонун Эльмира Султановна эскерет. Бул уюмдун проблемалары да жетиштүү - Дүйнөлүк банктын, өкмөттүн келишими боюнча 2007-жылдын акырына чейин 200 гана айылды жабуу керек болсо, азыр эле 347 айылда иштеп жатышат. Каражаттары тартыш тарта баштады. Кыргыз өкмөтү болгону 3,3 млн.доллар гана бөлгөн.
Мындай уюмдардын Кыргызстанда дагы он төрт долбоору бар экен.


13- декабрдагы “Аалам” гезитинде кабарчы Талас уулу Семетей ипотекалык кредит тууралуу кеңири баяндамасы чыкты. Анда батыш өлкөлөрү менен Шериктеш мамлекеттердеги ипотекалык саясат талдоого алынат.

«АКШда ипотекалык кредиттөө мамлекеттин жарандарын турак-жай менен камсыз кылууда 53%ды, Германияныкы 50%ды, Улуубританияныкы 62%ды түзөт, Орусияныкы 1%ды дагы түзө элек. 2005-жылга Орусия ипотекага 500 млн. доллар бөлүп, анын 70%ын 5 ири коммерциялык банктар бөлө тартып 14-17%дык
ставкалар менен 15 жылга элге бергени турушат. Ал эми Кыргызкредит банкы, 3 жылга 24% жылдык ставка менен берет. Бирок баштапкы төлөм катары ала турган тамдын баасынын тең жарымын же 50%ын төлөйсүз. Экобанк менен Энергобанк сүйлөшүп алышкансып 20% жылдык ставка менен 5 жылга беришет, баштапкы төлөмдөрү 30 пайыз» деп жазат автор.

Ушул «Ааламдын» кабарчысы Улан Мамбетов «Пирамида» телерадиокомпаниясынын айланасындагы чыр- чатактын себептерин иликтөөгө алып, «Тараза ташы кайда оойт?» деп суроо коет. Ушул макаласынын мазмуну тууралуу автордун өзүнөн уксак.

Көрсө, "Медиа-Инвест" аттуу компания "Пирамиданын" акцияларынын контролдук пакетин "Ареопаг" фирмасынан өздөрүнө колуна өткөрүп алган экен. Ал эми "Ареопаг" фирмасы 2004-жылдын март айында "Пирамидага" 50% акциясынын ордуна өздөрүнүн инвестициясын салышкан. Бирок, жакында эле алар ошол акцияларды "Медиа-Инвест" компаниясына сатып жиберишкен. Акцияларга ээ болгон телеканалдын жаңы кожоюндары дароо эле "Пирамиданы" реформалай тургандыктарын, жаңылыктар кызматын жоюп, аны көңүл ачуучу каналга айланта турган ойлорун билдирүү менен, анын Президенти Адыл Бийназаровду кызматынан алышкан.
Алардын мындай кадамына телеканалдын жалпы жамааты өздөрүнүн нааразычылыгын билдирип, жогорудагыдай чечимди жокко чыгаруу аракетин көрүшүүдө. Себеби, "Медиа-Инвест" компаниясынын чыныгы кожоюну ким экендиги аларга дагы деле белгилүү болгон эмес.
Бирок, "9-декабрь күнү 2-ирет белгисиз адамдардын тобу Бишкектеги Жантөшөв көчөсүндө жайгашкан "Пирамида" телеканалын басып алууга аракет кылышкан" - деп билдирген аталган каналдын кызматкерлери.
"Пирамиданын" президенти Адыл Бийназаров түзүлгөн кырдаал тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди: "Телекомпаниянын 50 пайыздык акциясын ээлеген "Ароепаг" менен түзүлгөн келишим боюнча телеканал 100 миң доллардык карызын 3 жыл ичинде төлөп бере албаса гана, акцияны башка бирөөлөргө сатууга укуктуу. Ал эми мында болсо, бир жарым жылга жетпеген убакыттын ичинде сатылып жатат".
Талаш-тартышка чекит коюу максатында телеканалдын жалпы жамааты, Ички иштер министри М.Суталиновго, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Т.Айтбаевге жана Башкы прокурор К.Конгантиевге төмөнкүдөй арыз жолдошкон.
Кабай Карабеков болсо, телеканалга көзөмөл жүргүзүүгө аракет кылган "Медиа-Инвест" компаниясына азыркы Президенттин үй-бүлөсүнүн тиешеси бар деген билдирүү жасаган. 10-декабрь күнү К.Бакиевдин пресс-катчысы Надыр Момунов болсо, журналисттер үчүн атайын жыйын өтүп, төмөнкүлөрдү айтып берген: "Азыркы окуяларга, далилсиз эле мамлекет башчысын күнөөлөй берген сөздөр провокациялык мүнөзгө ээ. Канал менчик ишкана болгондуктан, эмне кылууну акциялардын ээлери өздөрү чечет. Эгер бул келишимде бирөөнүн укугу бузулса, алар сотко кайрылышы керек. Ал эми К.Бакиевдин бүгүнкү күндөгү телекомпаниядагы келишимге түз дагы, кыйыр дагы тиешеси жок" - деп тагылып жаткан айыптарды четке каккан.
12-декабрь күнү К.Бакиев, телеканалдын айланасындагы маселени чечүүнү вице-премьер министр А.Мадумаровго тапшырган.

13- декабрдагы “Кыргыз туусу” гезиттиндеги маегинде өлкөнүн финансы министри Акылбек Жапаров эмки жылы экономикалык өсүштөр 5 пайызга болоору болжолдонууда, инфляция төмөндөөрүн, жылдагыдан киреше көп болоорун айткан. Ошондой эле “өлкөдө балдардын абалы, жалпы реалдуулук жана алардын келечеги” деген улуттук форум өткөрүлгөнү жатканы тууралуу “Кыргыз туусу” маалымдады.
13-декабрдагы “Эркинтоо” гезити Конституциянын жаңы долбооруна түрдүү пикир- сунуштарды жарыялады. Ошондой эле элетттен келген каттарга орун берди. Өлкөдөгү сойкулук тууралуу кабарчы Жаркынай Эргешбаеванын “Аялдар базары” аттуу макаласында кеп болот.
Ушул “Эркинтоого” президент Курманбек Бакиевдин өлкөнүн телерадио компанияларынын кабарчылары менен болгон суроо- жооптору толугу менен басылды.
12- декабрда айрым кыргыз окурмандары “Шоокум” аттуу жаңы журналдын биринчи санын колго алышты. Илим, турмуш жана маданият журналдын башкы темасы экенин басылманын ээси “Ыйык Атажурт” коомдук жаштар фондусунун директору Абдулазиз Жолдошев маалымдайт. Журналда каада- салт, улуттук тил, маданият, “Айкөл Манас”, философия, айтыш өнөрү, жаштардын чыгармачылыгы, Кыргыз аскер көйгөйлөрү тууралуу жана башка макалалар жарыяланды.
12- декабрдагы “Вечерний Бишкек” гезити “ Жылдын тандоо” фестивалы өткөрүлүп, 2005- жылдын мыктылары аныкталганын маалымдады. Жылдын мыктыларынын катарында хирург Эрнст Акрамов, кинорежиссер Геннадий Базаров, мэр Арстанбек Ногоев, биринчи вице- премьер- министр Медетбек Керимкулов жана башкалардын ысымдары аталды.
“Пирамида” телерадиокомпаниясынын айланасындагы чыр- чатак тууралуу кабарчы Эльвира Темир жазды

МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУНУН КАНДАЙ ЫКМАСЫ КЫРГЫЗСТАНГА ЫЛАЙЫК?

Азиза Турдуева, Бишкек Учурда коомчулукта Конституциянын жаңыланган долбоорун талкуулоодо өзгөчө талаш тартыштар мамлекеттик башкаруунун ыкмаларына байланыштуу чыгууда. Бир тарап негизинен өлкөгө парламенттик башкаруу туура келет деген пикирде турат. Атаандаш тараптагылардын жүйөөсүндө азырынча президенттик-парламенттик башкаруу Кыргызстанга ылайык.

Өлкөдөгү бир катар саясатчылар азыркы учурда Кыргызстанга туура келген мамлекеттик башкаруу – президенттик-парламенттик башкаруу деген көз карашта. Мындай пикирин саясат таануучу Жолборс Жоробеков төмөнкүдөй билдирди:

Кыргызстандагы мамлекеттик бакшаруунун жана жарандык коомдун өнүгүшүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, бизде президенттик-парламенттик республиканы өнүктүрүү жана күчөтүү үчүн бардык шарттар бар. Биздин Конституцияда президенттик-парламенттик башкаруу каралышы мүмкүн .

Буга чейин президент Курманбек Бакиев мамлекеттик башкарууга байланыштуу Конституцияга киргизиле турган озгөрүүлөргө байланыштуу Кыргызстанга жакынкы жылдары президенттик-парламенттик башкаруу ылайык деген пикирин айткан:


Кыргызстандын азыркы шартында ага президенттик-парламенттик башкаруу туура келет. Анткени, азыр өлкөдө көптөгөн экономикалык кыйынчылыктар бар, элдин турмушу оор. Мындай абалда президентке көбүрөөк ыйгарым укуктар берилиши керек. Анткени, ыкчам чечилиши зарыл болгон көптөгөн маселелер күн тартипке коюлуп калышы мүмкүн. Ал эми парламенттик башкарууда болсо, парламентке кобүрөөк ыйгарым укуктар берилип, мындай маселелер парламент аркылуу өткөрүлүшү керек болуп калат .

Бирок, президенттин мындай пикирине Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү жана бир катар саясий партиялар макул эмес. Мисалы, Демократиялык күчтөрдүн биримдиги партиясы Кыргызстан 2010-жылдан тарта парламенттик башкарууга өтүшү каралган долбоорду сунуштоодо. Партиянын өкүлдөрү белгилешкендей, өлкөдө чыныгы элдик башкарууну орнотуу үчүн пропорционалдык системанын негизинде парламент шайланып, өлкө парламенттик башкарууга өтүшү керек. Мындай пикирди башка партиялар да карманышууда.

Мен Кыргызстан мүмкүн болушунча эртерээк парламенттик башкарууга өтүшү зарыл деп эсептейм. Анткени, азыркы бийликтин аракеттери ушундай маанайда өнүгө берсе, мамлекетке коркунуч келтирилип калышы да мүмкүн. Азыр өлкөнү парламенттик башкаруудан башка мамлекеттик башкаруу куткара албайт дейм. Ошондуктан, парламенттик башкарууга өтүүнү көп создуктурбай эле, Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынышы менен баштоо керек,- дейт «Акыйкат» партиясынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев.

Коомчулукта ошондой эле президент өкмөттү башкарышы керек деген да пикирлер айтылууда. Бул жөнүндө Конституциялык Кеңештин мүчөсү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шергазы Мамбетов буга чейин мындай деп айткан:

Президент өкмөттү башкарышы керек. Жаңы Конституцияда бул жөнүндө так белгилениши зарыл. Ал эми парламент мыйзам чыгаруу ишин жүргүзүшү керек .

Шергазы Мамбетов белгилегендей, президент өкмөттү жетектегенде гана анын жоопкерчилиги күчөйт жана өкмөттү бат-бат алмаштыруулар токтотулуп, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө шарттар түзүлөт.

Ал эми өлкөдөгү бир катар саясий партиялар менен коомдук уюмдар, алардын ичинде “Улуу Биримдик” улутчул-демократиялык, «Асаба» улуттук саясий партиялары, «Ашар» козголушу, «Улут ордо-Кут» коомдук уюмдары мамлекетти башкарууга элдик курултай институтун киргизүүнү сунуштап жатышат. Алардын пикиринде, мындай институттун киргизилиши мамлекеттик бийликтин жоопкерчилигин арттырып, парламенттик түзүлүшкө да каршы келбейт. Бирок, Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасында Элдик курултайдын зарылдыгы жок деген пикирлер да бар.
Өлкөдөгү бир катар партиялар болсо, Кыргызстанга кандай башкаруу ыкмасы ылайыктуулугу Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүдөн мурда элдик рефендум аркылуу аныкталышы керек деп эсептешет.

МАЙЛЫСУУДАГЫ УРАН КАЛДЫКТАРЫНЫН КОРКУНУЧУН ЧЕТТЕТҮҮНҮ ТЕЗДЕТҮҮ ЗАРЫЛ

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри жакында Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнө Майлысуудагы уран калдыктарынын коркунучун четтетүү иштерин тезирээк баштоо маселесин койду. Дүйнөлүк банк үстүбүздөгү жылы дал ушул долбоорго 10 млн. доллар өлчөмүндө каражат караган. Бирок, каражатты жеткирүү жана иштете баштоо жагдайлары кечеңдетилип жаткан эле.

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орунбасары Болотбек Айдаралиев Майлысуудагы уран калдыктары биринчи кезекте жазгы жер көчкүдөн улам ачылып кетиши мүмкүн экендигин баса белгиледи:

Дүйнөлүк банктын миссиясы менен жолукканда биз проблемалардын баарын айтып, ишти тездетүү жагын сурандык. Каражатты тезирээк жеткирсе эле иш тездейт. Айрыкча жазгы жер көчкүлөр коркунуч апкелүүдө бизге. Быйыл эле жер көчкү жүрүп, эки киши жер алдында калып кетти. Майлысуу боюнча 23 жерге уран калдыктары көмүлгөн. Ошо чөлкөмдөрдөн жер көчпөгүдөй шарт түзүшүбүз керек

Болотбек Айдаралиевдин айтуусу боюнча, суу каптоодон улам да уран калдыктарынын сыртка агып чыгыш коркунучу бар:

Экинчи маселе, Майлысуудагы айлампа сайга дамба куруп, суулардын түбүн бекемдебесе болбойт. Анткени, айрым уран калдыктары көмүлгөн жерлер ошо сууга жакын жайгашкан.

Майлысуудагы уран калдыктарынын кесепети бир эле Кыргызстан үчүн эмес, Өзбекстан үчүн да өзгөчө коркунучтуу. Анткени, мындагы дарыялар бүт бойдон Өзбекстан аркылуу агат. Ага карабастан Өзбекстан бул маселеге акыркы кездерде артын сала баштагандыгы жөнүндө Болотбек Айдаралиев мындай деди:

- Өзбекстан өкмөтү менен түзүлгөн келишимибиз бар. Ошонун негизинде алар мурда геологдорун жиберип көмөктөшкөн. Бирок, биз суранган көлөмдө алгылыктуу иштерди жасабады.Дүйнөлүк банкка ишенип алар өз салымын толугу менен кошкону жок.

Уран калдыктарынан Майлысуунун эли кандай кооптонуп жаткандыгы жөнүндө Майлысуу шаар акиминин биринчи орунбасары Анарбек Кулумбетов сөз кылат:

- Майлысуунун эли ошо уран калдыктары жайгашкан аймактарга мал жаят. Жабылган жерлер жукарып баратканга, ал жак, бул жактарынан жер көчкү жүргөнгө, суу жеп баратканга аябай кабатыр. Мунун зыяндуулугу өтө жаман. Суу менен кетсе - айрыкча Майлысуу элине, андан ары Бүргөндү, Маданият аймактарына, анан Өзбекстанга жамандык апкелет.

Анарбек Кулумбетов Майлысуудагы уран калдыктары СССР доорунда жакшылап көмүлгөнү менен, азыр ачылып баратканын белгиледи:

Аксакалдардын айтуусу боюнча, калдыктар убагында жакшылап эле көмүлгөн экен, бирок, камкордукка алып турчу Союз жоголгондон кийин бара-бара айрымдары темир арматураларына чейин ачылып калды

Ушундай зарылдыктардан уран калдыктарынын коркунучтуулугун четтетүү иштерин жазга калбай арбытуу керек болуп турат. Коюлган маселени Дүйнөлүк банктын Стайджестик мырза баштаган өкүлдөрү да туура кабыл алгандыгын Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орунбасары Болотбек Айдаралиев кошумчалап өттү:

Ишти тездетүү жагына жардам беребиз дешти. Жаңы жылдан баштап этап-этабы менен каржылай баштайт, буюрса.

ӨЗБЕК ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ ҮЧҮН АДАМ ӨМҮРҮ КЕП ЭМЕС

Сабыр Абдымомунов, Баткен 11-декабрь күнү Чекелик кыргыз-өзбек чегара тилкесинде Өзбекстандын чегарачылары тарабынан атылган кыргызстандык жаран Жамалидин Мурзаюсуповдун абалы өтө оор. Учурда ал Фергана райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө дарыланууда. Дарыгерлердин айтымында атылган ок Жамалидин Мурзаюсуповтун баш сөөгүнүн сол жагын көзөп өткөн.

Кадамжай районуна караштуу Халмион айыл өкмөтү туш тарабынан Өзбекстандын айылдары менен чектеш жайгашкан жана бул аймакта буга чейин эле көптөгөн кыргыз өзбек ортосунда пикир келишпестиктер көп болуп келген. Ал эми эми 11-декабрдагы окуя жергиликтуу элдин арасында кыйла кооптонууну туудурду.

Окуяны өз көзү менен көрүп, ок атууну токтотушка аракет кылган Мураджан Азимов ошол учурда өзүнүн жүгөрүсүн кошуналаш турган Вадил базарына алып баратып, чегарачылар тарабынан кысымга алынып жаткан.

Жамалидин менен 10 мүнөттөй сүйлөшүп туруп, анан Жамалидин машинесин жүргүзүп жөнөп калды. Артынан солдат автоматын кармап жүгүрдү. Мен атпа деп кыйкырдым. Артынан кууп барып атты эле машине жолдун четиндеги даракты сүзүп токтоду. Солдаттар менен кошо барып эшикти ачсак Жамалидиндин ок башына тийип тирүү кырылдап жаткан экен. Мен тез ооруканага алып баралык десем, чегарачы "эй, ал эчак эле өлүп калган" дейт. Мен өлгөн жок деп отуруп ооруканага жеткирдик-, деди окуянын күбөсү Мураджан Азимов.

Чегарадагы ушундай кыйынчылыктар кыргыз бийлигинин элге кызмат кылуудан алыстыгынан келип чыгууда деген пикирин Чекелик айылынын тургуну Абдирашит Сатыбалдыев билдирди.

Бир эле чегара эмес, бардык бажы постторунун өтүүдө биздин адамдар материалдык жактан да, моралдык жактан да көп азап тартышууда. Өзбекстандын аймагына өткөндөн кийин, сен эч ким эмессиң, жок дегенде бир кичинекей жандыкчалык көрүшпөйт. Биздин бийлик элден алыстыгынан мына ушул азапты элибиз тартып жатат,-деди Чекелик айылынын тургуну Абдирашит Сатыбалдыев.

Ок жеген Жамалидин Мурзаюсуповдун бир тууган агасы Имамидин Мурзаюсупов, 12-декабрь күнү Улуттук каналдын Ала- Тоо программасынан кеткен маалыматка өтө нараазы экенин билдирип, төмөнкүлөрдү кошумчалады.

Алатоо программасынан айтылган нерсеге мен каршымын жана нараазымын. Эч кандай эки жолу атылган эмес, эскертүүчү ок да чыгарылган эмес. Мен билбейм, КТР кай жерден малымат айтып кимлен укканын.
Имамидин Мурзаюсуповдун айтымында Жамалидин Мурзаюсуповдун абалы өтө оор. Анын мектепке барган эки кыз, бир уулу бар.

БИШКЕК ШААРЫНЫН БЮДЖЕТ ДОЛБООРУ КООМЧУЛУКТУН СЫНЫНА КОЮЛДУ

Бишкек шаарынын келерки жылга бюджетинин долбоору биринчи жолу жалпы шаардык коомчулуктун талкуусуна коюлду. Талкуунун максаты – баш калаанын казынасындагы каражаттардын эмнеге жумшалары жөнүндө калкка ачык-айкын маалымат жеткирүү болуп саналат.

2006-каржы жылына шаардык бюджет долбоорунда 1,5 миллиард сом каралды. Шаардык кеңештин депутаттарынын билдиргенине караганда бул каражат жетишсиз, анткени шаардык инфраструктурага 3-4 миллиард сом акча каражат талап кылынат.

Буга чейин шаардык бюджет мэр тарабынан гана каралып келген, ал эми 2006-жылдын бюджетинин түзүлүшүнүн бир өзгөчөлүгү - шаардык бюджет коомчулуктун жана депутаттардын сунуштарынын негизинде түзүлдү.
Бюджеттик угуулардын максаты- элге шаардык бюджетте канча каражат бар экендигин, алар кайсы тармактарга эмне себептен жумшалып жаткандыгы тууралуу маалымат берүү болуп саналат. Жер-жерлерде жашаган тургундар өз сунуштарын айтышса, бюджетте каралган приоритетүү маселелер өзгөрүшү мүмкүн, - деп айтты Бишкек шаардык кеңештин төрайымы Нуржамал Байболова.



Нуржамал Байболованын айтымында, бюджеттин долбоорун түзүүдө коомчулуктан түшкөн пикирлер жана сунуштар сөзсүз түрдө эске алынат:

Белгилей кетчү жагдай, элден түшкөн сунуштар, пикирлер сөзсүз түрдө шаардык кеңештин депутаттары тарабынан талкууга алынат, балким бюджетке да кирип калат.


Бюджетти даярдоо-бул жыл сайын кайталануучу иш чара, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жана жарандардын алдына шаардын келечеги учүн чыгымдар жана инвестициялар боюнча приоритеттерди аныктоо маселелерин коет.
Шаардык кеңештин каржы башкармалыгынын жетекчиси Абдувалим Нишановдун айтымында, бюджетте каралган каражаттын негизги бөлүгү билим берүү жана саламаттык сактоо тармактрына жумшалат:

Бюджетте каралган каражаттын 62,8 пайызы саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарына жумшалмакчы. Мындан тышкары шаардын тазалыгына көңүл бурулат, негизине таштандыларды алып чыгуу, көчөлөрдү жарык менен камсыз кылуу, жолдорду оңдоого да каражат бөлүнөт.

Мындан сырткары бюджеттин долбоорунда белгиленгендей, коомдук тартипти камсыз кылууга жалпы чыгымдар 46 миллион 271миң сом суммасында пландаштырылды. Ал эми транспорттук чыгымдары 14 миллион 70 миң сомду түзөт. Бул берене боюнча транспорттук каражаттарды күтүү жана күйүүчү-майлоочу материалдарды, запастык тетиктерди сатып алууга чыгымдар каралган.

Өлкөдө күйүүчү майдын баасынын жогорулашы менен коомдук транспортто жүрүүнүн акысы да кымбатташы мүмкүн.
Эгерде күйүүчү майлар көп суммадагы акчага кымбаттаса, элдин турмушу да кыйындап калат. Транспортто жүрүү акысы да жогорулашы мүмкүн.Мына ушул жагдайды биз бюджеттин долбоорун түзүп жатканда эске албай калыптырбыз. Бул биздин кемчилигибиз. Бирок кошумча акча таап бул маселелерди чечүүгө аракет кылуудабыз,- деп Абдувалим Нишанов “Азаттыкка”.


“Демократия жана жарандык коом”Коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов жаңыдан күч алган бюджеттик угуулардын механизмдерин жакшыртуу керек деген пикирде:

Менин оюмча, бюджеттик угуулардын механизмдери бизде жетишерлик деңгээлде иштелип чыыкан эмес. Ошону үчүн анын механизмдерин жакшыртышыбыз керек, коомчулуктун пикирин эске алып түзүлгөнүн туура деп эсептейм.

МАМЛЕКЕТТИК ГЕЗИТТЕРДИН РЕФОРМАСЫ КАЯККА БАРАТ?

Президент Курманбек Бакиев мамлекеттин карамагында болуп келген «Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттерин жана облустук басылмаларды акционерлештирүү боюнча жарлыкка Өткөн жумада кол койду. Анда айтылгандай, бул кадам мамлекеттик маалымат каражаттарынын коомчулуктагы ролун жогорулатуу максатында жасалган жана гезиттердин окуяларды калыс чагылдыруусуна шарт түзмөкчү. Бирок, басылмаларды акционерлештирүү кандай негизде ишке ашаары белгисиз бойдон калууда.

Мамлекеттик маалымат каражаттарын көз карандысыз кылып бөлүү зарылчылыгы тууралуу маселе март айындагы ыңкылаптан кийин козголгон эле. 8-декабрь күнү президент Курманбек Бакиев мамлекеттин ээлигиндеги «Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттерин жана облустук мамлекеттик администрацияларга баш ийген басылмаларды акционерлештирүү боюнча жарлыкка кол койду. Бирок анда акционерлештирүү кандай жол менен жүрөөрү тууралуу ачык айтылган эмес. Ушундан улам, коомчулукта бул басылмалар көз карандысыз маалымат каражаттарынын катарын толуктайбы же айланып келип, кайра эле өкмөттүн чоорун тартышабы деген пикир туулууда. Акционерлештирүүгө туш болуп жаткан гезиттердин бири—«Слово Кыргызстана» басылмасынын редакторунун орун басары Олег Хибарев президенттин жарлыгы тууралуу кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми «Кыргыз туусу» басылмасынын башкы редактору Бакыт Орунбеков гезиттин эмгек жамааты муну кубануу менен кабыл алышкандыгын, бирок жарлыкта кандай жол менен акционерлерштирүү тууралуу ачык айтылбай бүдөмүк калганы түшүнүксүз болуп жаткандыгын билдирди:

-Менимче биз өкмөт менен иштешет болушубуз керек. Азырынча сүйлөшүүлөр баштала элек. Бизге деле бүдөмүк болуп жатат.

Бакыт Орунбековдун айтымында, гезиттин жамаатынын атынан акциянын басымдуу бөлүгүн эмгек жамаатына калтыруу туурасында өкмөткө сунуш жиберилген. Бирок ошентсе да, эгер акционердик коом болуп өз алдынча бөлүнгөн соң, гезитти баштан-аяк өзгөртүүгө туура келет:

-Гезиттин ишин кайрадан толук уюштуруп чыгып, реформа жүргүзүү керек. Бул кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө жүргүзүлө турган реформа болууга тийиш. Гезит сөз эркиндиги үчүн иштеш керек. Андагы жарыяланган макалалар демократиянын принциптерине туура келсе, базар экономикасына тиешелүү мамилелердин механизмдери бул гезитте иштесе жана башка уюштуруу иштери жолго коюлса, гезит бутуна туруп, жашап кетет.


Айрым байкоочулардын айтымында, акционерлештирүү болгондо деле акциянын кандайдыр бир бөлүгүн мамлекет өзү алуусу мүмкүн. «Кыргыз туусу» гезитинин эмгек жамааты деле буга каршы эмес. Аталган басылмада 24 жылдан бери иштеп келе жаткан кабарчы Бермет Маткеримова гезит эркин болгондо калыстыкты кармай алат деген сөзүн айтты:

-Биз бөлөк бирөөнүн колуна түшүп, анын сөзүн сүйлөгүбүз келбейт. Баарына белгилүү, биз мамлекеттик гезит болгондугубуз үчүн көп жабыр тартып келдик. Ортодо турган учурда да мамлекетти колдоп атат деп күнөөлөп, «Кыргыз туусунун» атына да бир топ шек келип калды. Ошондуктан, биз дагы кимдир бирөө үстүбүздөн туруп алып, өз оюн таңуулаганын кабыл ала албайбыз.


Ал эми журналисттер кошуунунун төрагасы Азамат Калман акциянын көзөмөлдөөчү пакетин мамлекет өзү алып калса, анда гезиттердин багыты өзгөрбөгөн бойдон калуусу мүмкүн деген оюн билдирди:

-Эгерде мамлекет минтип митайым жүрүштөрдү жасап, акциянын көзөмөлдөө пакетин өзүнө ала турган болсо, анда бул жарлыктын кереги деле жок болуп калат.


Кээ бир байкоочулар сөз эркиндигинин кемеси чайпалып турган учурда, аталган мамлекеттик гезиттер мындан бир нече жыл мурун үй-бүлөнүн карамагына өтүп кеткен «Вечерний Бишкек» гезитинин кейпин кийип калуусу мүмкүн деген пикирлерин айтышууда. Журналист Алым Токтомушевдин ою боюнча, бул бийликтин жүргүзгөн саясатына байланыштуу болот.

Мамлекеттик басылмаларды акционерлештирүү тууралуу президенттин жарлыгында шаардык жана райондук кеңештерге баш ийген гезиттер жөнүндө кеп болгон эмес. Аталган жарлыкты ишке ашыруу өкмөткө тапшырылган. Президенттик маалымат кызматынын өкүлү Досалы Эсеналиевдин айтымында, вице-премьер-министр Адахан Мадумаров жетектеген жумушчу топ бир айдын ичинде мамлекеттик басылмаларды акционерлештирүүнүн жолдорун аталган гезиттердин эмгек жамааттары менен жолугуп, акылдашып чечишет. Ошол эле жумушчу топ шаардык жана райондук мамлекеттик администрацияларга баш ийген басылмалардын тагдыры тууралуу да иш алып барышууда.
Бирок байкоочулар мындай жол менен акционерлештирүүдөн райондук, шаардык жана облустук мамлекеттик администрациялар тарабынан каржыланып жашап келген басылмалар барып-барып жашоосун токтотуусу да мүмкүн экендигин айтып жатышат.

ТАЗА СУУ» ПРОГРАММАСЫ: АЗЫ ЖЕТИП, КӨБҮ КАЛДЫ

Дүйнөлүк банк, Азия өнүгүү банкынын колдоосу менен беш жылдан бери Кыргызстанда «Таза суу» долбоору ишке ашырылууда. Баш-аягы 70 миллион доллар акча сарпталган жумуш аягына чыкса 600 жакын айыл-кыштак эли таза сууга жетмек. Республика калкынын жарымына жакыны гана таза суу менен камсыз болгон. Долбоорду толук ишке ашыруу амалында Кыргызстан эларалык каржы уюмдарынан дагы 60 миллион доллар акча суроодо.

«Таза суу» долбоору бир нече ирет парламентте, 12-декабрда болсо өкмөттүк жыйында талкууланды. Айыл жана суу чарба, кайра иштетүү өнөр жай министри Абдымалик Анарбаевдин билдиргенине караганда, долбоорду ишке киргизүү алдында миңге жакын айыл-кыштактын суу түтүктөрүн оңдоп, жаңыларын коюу пландаштырылган.

- Бирок да кийинки жылдардагы инфляциянын, курулуш материалдарынын, жабдуулардын кымбатташынан айыл-кыштактардын саны 560 чейин кыскартылган. Ушу тапта долбоордун аркасы менен 226 айыл-кыштактын 350 миң ашуун калкы таза суу ичип калышты. 188 айылда суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Буга 1 миллиард 270 миллион ашуун сом акча жумшалды. 2007-жылдын аягына чейин 560 айыл-кыштакта жашаган 1 миллион 200 миң адам таза суу менен камсыз болушат, - деп билдирди Абдымалик Анарбаев.

Долбоор боюнча жалпы ишке айыл калкы да катышып, кетчү чыгымдын 5% өздөрү көтөрүп, кара жумушуна кол кабыш кылуусу абзел. Башында 1000 айыл деп демдүү башталган ишти утурлап жергиликтүү жетекчилер элден акча чогултууга киришкен. Акча чогулткандардын баарына эле суу түтүктөрү коюлбай калгандан кийин элден түшкөн 38 миллион сомду эми кайтаруу керекпи же жокпу суроосу Айыл жана суу чарба кайра иштетүү өнөр жай министрлигин ойлонтуп отурган кези.

Министрликтин суу менен камсыздоо департаментинин жетекчиси Нурмамат Муллакелдиевдин ырасташынча, чогулган акчанын теңине жакыны сарпталынып кеткен.

- Азыр 17,5 миллион акча жетпейт. Анткени, ал акчаларын топтобогон айылдарга иштелип кеткен. Буга эл нааразы болушу мүмкүн. Ошондуктан биз жарым жыл ичинде ошол акчаны чогултуп ордуна коюшубуз керек. Антпесек, эл алдында чоң уят болуп калабыз.

Үстөк пайызы жок карыз акчаны дагыле кыргызстандыктар кайтарып бере турганын айтып, Коргоо министри Исмаил Исаков элдик өкмөт кредит алууну токтотуу керек, деген сунушун киргизди.

- Эмнеге дагы транш бергиле деп жүгүрөбүз. Менимче, кийинки траншты алууну токтотуш керек. Эгерде нак бийлик – элдик бийлик келсе муну токтотушубуз керек. Бул - Кыргызстандын келечеги, Кыргызстандын коопсуздугу, Кыргызстандын генетикалык тазалыгы. Токтомго ушундай деп жазыш керек.

Опсуз чоң акча сарпталган курулуш иштеринин кыйласы чала-чарпыт бүткөрүлгөнү, ачык тендерден утуп алган курулуш компанияларынын кыйласынын жадесе кетмен-күрөгү жок экени өкмөттүк жыйында көп айтылды. Азия өнүгүү банкынын долбоор жетекчиси Роберто Ло Чичеро Вайна Кыргызстанда лицензия алуу текейден арзан экенин белгилеп, тандалып алынган 55 подряддык уюмдардын 22 менен келишимди үзүшкөнүн маалым кылды.

- Бизде жакында мындай окуя болду. Эки подряддык уюм тендерди утуп алышкан. Биз алардын жайгашкан жерине барсак жарыгы жок, жадесе телефону жок, эч кандай жабдуусу жок, аты эле бар уюм экен. Мындай болбош керек. 102 жерде иштеген 55 подряддык уюмдардын 22 мындан ары биз менен иштей албайт.

Эларалык каржы уюмдарынын көмөгү менен башталган иштин алешемдиктери көп болуп чыкты. Бишкекте отуруп айылга келчү суу түтүктөрүнүн чиймесин карта боюнча чийип салуу, элден жыйналган акчалардын так эсеп-чотунун жоктугу, суудан кыйналган айылдардын кыйласы баам сыртында калып кеткени калк арасында нааразылыктан башканы жаратпашы турган иш. Эгер иш убагында талапка ылайык бүткөрүлбөсө кийин келчү 60 миллион доллар транш тууралуу ойлонбой деле койгон оң экенин экономика жана каржы министри А.Жапаров билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG