Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 21:53

Кыргызстан

ЭДИЛ БАЙСАЛОВ: “БИЙЛИК МЕНЕН ЭЛДИН АРАСЫ АЛЫС”

Март ыңкылабы түпкү максатына жетпегендигин, элдин бийликке болгон ишеними азайып бараткандыгын “Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдар бирикмесинин президенти Эдил Байсалов бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына берген маегинде билдирди. Анын айтымында бийлик алмашуудан кийин өзгөрүү болбой, коррупция эки эсе өстү.

- Эдил мырза, айрым саясатчылар жердешчилик менен уруучулукту күчөтпөө үчүн айыл өкмөт башчыларын жогорудан дайындоо маселесин көтөрүүдө. Аталган пикирге сиздин көз карашыңыз кандай?

- Биз буга толугу менен макул эмеспиз. Анткени мурдагы шайлоолордо көргөнбүз, ошондо деле уруу-уруу болгон фактор роль ойногон. Анткени баары бары бир уруунун өкүлүн дайындайт. Биздин оюбузча бара-бара биздин көчүбүз түзүлөт, бара-бара демократияга үйрөнөбүз, өзүбүздүн тажрыйбабызга жетебиз. Ошондуктан шайлоо улана бериши керек. Эл шайлап алган өкүлдөр талап кыла алышы керек. Ал эми шайланган адам дайыма эл үчүн кызмат өтөшү керек.

- Учурда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал кандай? Март ыңкылабынан кийин Кыргызстанда өзгөрүү байкалабы?

- Кызылкыя, Ош, Карасуу, Жалалабат, Базаркоргондо жыйындарды өткөрдүк. Ошол жерде саясий партия, журналист, активист, бей өкмөт уюмдарынын мүчөлөрү менен сүйлөшкөнүбүздө элдин нааразычылыгы, чоң үмүттөрү акталбагандыгы ачыктан-ачык анык болуп турат. Азыркы учурда жаңы бийликтин элге берген сөзүн аткарсын деп атышат. Күндөн күнгө, айдан айга бийликтин жана элдин ортосунда болгон ажырым кеңейип, алыстап баратат. Ошондуктан элден алыстабасын, элдин сөзүн аткарсын деген сөздөр айтылууда.

- Сиз айткан элдин бийликке болгон ишениминин азайышынын себеби эмнеде? Калк бийликтегилерден кандай маселенин чечилишин күтүп жатат?

- Менин оюмча президент Бакиевдин жеке катачылыгы болобу, же жалпы командасынын катачылыгы болобу, Акаевдин эле методу менен, идеологиясы, стили менен эле иштеп келатышат. Революциядан кийин толугу менен башкача иштейбиз, коррупцияны жоебуз деген сөздөрү аткарылган жок. Аны эл байкап атат. Мурдагы Акаевдин тушунда чардап, элди тоногон адамдар азыр революционер болуп чыгып алып, майрамдап атышат. Ал эми революцияны ишке ашырган элдин талабын эч ким ойлогон жок. Коррупция азайбай эле эки эсе көбөйдү. Милиция болобу, башка укук коргоо органдарынын мамилеси өзгөрмөй турмак, кайра начардады. Элди тоноп, элди эзген көрүнүштөр мурунку менен салыштырмалуу көбөйдү деп айтып атышат. Ошондуктан президент Бакиев эл менен бирге болсун, Акаевдин системасын, режимин кулатып, накта демократиялык мамлекет куралы деген ой-пикирлер айтылып атат.

АРАБ ЭМИРАТТАРЫНА САТЫЛЫП КЕТКЕН КЫРГЫЗ КЫЗДАР АМАН КАЙТЫШТЫ

Кубанычбек Жолдошев, Ош Бириккен Араб Эмираттарына сатылып кеткен Ош шаарынын эки тургуну үйлөрүнө аман кайтып келишти. Секс кулчулугуна мажбурланган бул кыздардын бошонушуна Дубайдын полициясы жана Эл аралык миграция кызматынын өкүлдөрү жардам беришкен.

Өздөрүн Айнагүл жана Жыпара деп тааныштырган бул кыздар үч күн мурун эл аралык миграция кызматынын жардамы менен Дубай-Ош аба каттамы аркылуу учуп келишкендигин билдиришти. Ал жака кантип барып калышкандыгы жана башынан өткөргөн окуялары тууралуу 21 жаштагы Айнагүл аттуу кыз мына буларды билдирди:

- Бизди Дубайдан келген бир эже ресторанга официатка болосуңар деп жол кирени өзү төлөп алып кеткен. Ал жакта бир мейманканага жайгаштырып, жакшы кийимдерди алып берип, эки жумадан кийин клиенттерди тейлейсиң деген шарт койду. Макул болбой койсом уруп, зордуктап, видеого тартышты да, эгер алар айтканды кылбасам үйгө кассетаны жөнөтөбүз деп коркутушту. Төрт ай кордук көрүп иштедим. Бир күнү Араб полициясы келип кармап, миграция кызматына өткөрүп беришти – дейт бөтөн жерде адам соодасынын курмандыгына учураган Айнагүл айым.

Кыздар баш-агы Дубай шаарында төрт ай алты күн болушкан. Алардын мекенине кайтып келишине жергиликтүү полиция башкармачылыгы жана эл аралык миграция кызматынын тиешелүү өкүлдөрү себепчи болушкан. Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча өкүлү Бектур Аданов Ош шаарын адам соодасынын курмандыктарын жөнөтүүчү түйүнгө айланып бара жатат деген тынчсыздануусун билдирди:

- Ош шаарынан Кытайга, Бириккен Араб Эмиратына, Москвага жана башка эл аралык аба каттам жолдору ачылган. Фергана өрөөнүндө 12 миллионго жакын адам жашайт. Көпчүлүгү Кыргызстан демократия острову деп паспорту туура, визалары болсо ар кандай максат менен кетип атышат – Бектур Адановдун байкоосунда Ош шаарынын аймагындагы бир катар соода туристтик компанияларынын ишмердүүлүгү адам соодасын ишке ашыруучу объект катары күмөн саноону пайда кылат:

- Лицензиялары бар фирмалар бар. Алар Кытай, Түркия, Араб Эмиратындагы фирмалар менен сүйлөшүп, юридикалык жактан бардыгын тууралап иштешет. Баргандан кийин контрактар туура эмес чыгып, кол коюлган контрактар эмес, башка иштер болуп кетип атат – деген пикирин билдирди Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча өкүлү Бектур Аданов.

Жергиликтүү миграция кызматынын маалыматына караганда жыл башынан бери чет өлкөдөн кулчулукка мажбурланган 12 адамдын мекенине кайтып келген учурлары катталган. Ал эми жергиликтүү талдоочулар кулчулуктан бошонуп келе албай жүргөндөрдүн саны жүздөп саналышы мүмкүн деп болжолдошот.

КАБЕЛДИК ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮНҮН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

Кабыл Макеш , Бишкек Бишкек шаарынын айрым тургундары жаңы жыл алдында “Ала-ТВ” кабелдик теле көрсөтүүлөрүнүн тейлөө кызматынын баасы 60 сомго кымбаттанына кабатыр болушууда. “Ала-ТВ” Бишкектин калкын он бир тилде кабелдик алтымыштан ашуун каналдан түрдүү телекөрсөтүүлөр менен тейлеп турган өнүгүп келаткан компания болуп саналат.

Жыл өткөн сайын “Ала-ТВ” кабелдик телекөрсөтүүлөрү Бишкекте кулачын кеңири жайып баратат. Алгач 6 жыл мурда 15 канал боюнча көрсөтүүлөр менен иш баштаган бул компания 60тан ашуун каналдан ар кыл багыттагы, темадагы берүүлөрдү сунуштайт. “Ала-ТВ” компаниясынан сырткары Бишкекте “Сикатель” жана “Долон” кабелдик телекөрсөтүү каналдары дагы атаандаштык түзүп келүүдө. “Ала-ТВ” компаниясы 6 жылдан бери тейлөө акысын бир калыпта кармап келгенин, андан бери бардык тармакта баа жогорулаганын, кабелдик көрсөтүүлөр үчүн чет өлкөлүк телекомпанияларга да келишимдин негизинде төлөп турушаарын “Ала-ТВ” компаниясынын башкы директору Владислав Ногай мындайча түшүндүрдү:

-Биздин компания тууралуу айрым гезиттер бир беткей такталбаган маалыматтарды таратып, жаңы жыл алдында кардарларды кабарлабай туруп, тейлөө баасын көтөрдү деп айыптап жатышат. Беш жылдан бери туруктуу бааны кармап келдик. Жыл өткөн сайын базар баасы кескин жогорулады. Чет өлкөлөрдүн, Орусиянын телеканалдарынан берүүлөрдү келишимдик баада сатып алабыз. Алар дагы жыл сайын бааны көтөрүүдө. Ошондуктан “Ала-ТВ” кабелдик телекөрсөтүүлөрүбүз аркылуу бир айдан бери жаңы жылдан баштап бир аз баа жогору болоорун эскертип келдик. Ошого карабай кардарлардын саны өсүүдө. Айрыкча биздин берүүлөрдун ар түрдүүлүгү жана маалымат алуунун булактары көп болгону менен айырмаланат. Биз баардык салыктарды төлөп, ишмердүүлүгүбүздү ачык жүргүзөбүз. Бишкекте салык төлөбөй, каттоодон өтпөгөн бир канча кабелдик көрсөтүүнү уюштурган фирмалардын ишмердүүлүгү тууралуу сөз болбогону таң калыштуу.

Кыргызстандагы телекөрсөтүүлөрдө кызыктуу, таанып- билүүчү берүүлөр аздыгын, “Ала-ТВ” кабелдик көрсөтүүлөрдө каалаган темада көрүүгө болоорун, айрыкча жаныбарлар дүйнөсү, жаратылыш, тарыхый окуялар тууралуу берүүлөргө кызыгаарын жана балдарга чет тилдерин үйрөнүүгө өбөлгө түзүп жатканын бишкектик Гүлсара Исаева билдирди.

Кабелдик телекөрсөтүүлөр коммерциялык маскаттарды көздөп, берүүлөрдүн мазмунун, маалымат коопсуздугун эске албай жатышканын, мындай көрсөтүүлөрдү уюштурууну Кыргызтелерадиокорпорациясы дагы иликтеп жатканын КТРдын президенти Кыяз Молдокасымов маалымдады:

-Кабелдик телеканалдар ар түрдүү маалымат берип, дүйнөлүк жаңылыктар менен кабардар кылып, элди агартып- көгөртүп жатканы жакшы. Бирок маалымат коопсуздугуна залал келтирип, берүүлөрдүн мазмунуна көңүл бурбай жатышканы өкүндүрөт. Айрыкча учурда өлкөнүн түштүк аймактарында Өзбекстандын кабелдик телекөрсөтүүлөрү жергиликтүү калкка таңууланып көрсөтүлүп жатат. Башка каналдар жакшы көрсөтүлбөгөнүнөн пайдаланып өзбекче берүүлөр абдан жайылып кеткен. Кабелдик телекөрсөтүүлөр коммерциялык максатта байуунун булагына айланып баратат. Мамлекет бул тармакты көзөмөлгө алуусу зарыл. Биздин телерадиокорпорация 1990- жылдары ушундай көрсөтүүлөрдү уюштурууга демилге көрөтүп чыгып, колдоого алынбай кала берген экен. Эми биз дагы кайрадан иликтөө жүргүзүп, Бишкекте кабелдик телекөрсөтүүлөрдү уюштурууну колго алса деген максат бар.

Ал эми “Ала-ТВ” компаниясынын башкы директору Владислав Ногай чет өлкөлүк жана Орусиялык телекомпаниялар менен түзүлгөн келишимдерге ылайык берүүлөрдүн мазмунуна жооп беришпестигин, маалыматты ар ким өз ыктыяры менен тандап алышаарын, айрым көрсөтүүлөр атайын код аркылуу гана берилээрин, “Ала-Тв” компаниясы өз алдынча маалыматтык теле көрсөтүүлөрдү даярдабастыгын, техникалык тейлөө кызматын гана аркалаарын кошулмалады.

ЖАРАНДЫК КООМ КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАНЫ АЯГЫНА ЧЫГАРУУНУ ЖАКТАЙТ

Замира Кожобекова, Бишкек Кыргызстанда жарандык коом өкүлдөрү конституциялык реформаны аягына чыгаруу зарылдыгын белгилешүүдө. Өлкөнүн бардык аймактарында коомчулуктун басымдуу бөлүгү конституциялык реформаны бийлик өзү баштап коюп, кайра артка чегинип жатканына түшүнбөй жатканын «Азаттыкка» Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциациясы билдирди.

Кыргызстандын бардык аймактарында Баш мыйзамдын өзгөртүлгөн долбоорун талкуулап жатышкан жарандык уюмдар конституциялык реформаны аягына чыгаруу зарылдыгын белгилеп жатышкандыгын Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоцициясынын координатору Аида Курбанова билдирди:

-Биздин тегерек үстөлдөрдүн катышуучулары Конституцияны өзгөртүүсүз, азыркы редакциясы менен калтырууга каршы чыгып жатышат. Кошумчалар, өзгөрүүлөр киргизилүүсү зарыл деген талаптар жарандык коом тарабынан арбын коюлуда.
Конституциялык реформа жүргүзүүнү азырынча токтото туруу жөнүндөгү сунушту мамлекет башчы Курманбек Бакиев өзү киргизип жаткандыгы маалым.
Талас облусунан келген Бахтияр Камалдиновдын айтымында баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу сунушту президент өзү баш болуп киргизип, кайра кетенчиктеп жатканы элге түшүнүксүз болууда:

-Президент Конституциялык кеңешмеге өзү жетекчи болуп, жалпы элдик талкууга алып чыккан болчу. Эми ал оюн өзгөртүүгө эмне себеп болуп жаткандыгы белгисиз. Биздин тегерек үстөлдүн катышуучулары ансыз деле алардын сунуш-пикирлери Башмыйзамдын долбооруна кирээринен күмөн санап атышкан. Билбейм, бүгүнкү күндө бул суроо жоопсуз бойдон калууда.

Бахтияр Камалдинов талкуу учурунда кызуу талаш-тартышты жараткан беренелер негизинен Конституциянын долбоорундагы мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүү, сот системасынын көз карандысыздыгын камсыздоо, президенттин ыйгарым укуктары, кол тийбестиктин зарылдыгы жана мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдар болгондугун да белгилеп кетти.

Конституциянын долбоору жалпы элдик талкуудан жыл аягына чейин өтүп бүтүүгө тийиш. Бирок «Демократиялык күчтөр биримдиги» партиясы баш болгон саясий партиялар жана жарандык коомдун лидерлери талкууну январь айынын аягына чейин улантууну талап кылышууда.
Конституцияны реформалоону токтото туруу боюнча президенттин сунушу коомчулуктун айрым бөлүгүнүн арасында колдоо таап жатканы белгилүү. Мисалы, саясатчы Жолборс Жоробеков Башмыйзамга чукул өзгөртүүлөрдү киргизүүгө азырынча эртелик кылат деп эсептейт.:

-Конституциянын өзгөртүү киргизилген долбоорун тез арада же 2006-жылдын жазына чейин кабыл ала коелу деген пикирлерге мен каршымын. Себеби Башмыйзамдын долбоору окуп чыккан кишиге сыртынан гана оңдоо киргизилгенсип сезилет. Жалпы элди талкууга салгандын өзү туура эмес. Андан көрө Конституцияны жазып, аны изилдеген, ошону менен оокат кылган адистердин колуна тапшырууга тийишпиз. Алар жакшылап жазып чыккандан кийин, Жогорку кеңештин өзүндө гана кабыл алуу керек деп эсептейм.


Буга чейин маалымдалгандай, 21-декабрь күнү Конституциялык кеңешме кезектеги жыйынына чогулмакчы. Башмыйзамдын кийинки тагдыры ошол жыйында белгилүү болуусу мүмкүн.

БАЙКООЧУЛАРДЫН БААСЫ: «АРАСАТ ӨЛКӨ»

Эларалык кризис тобунун байкоочулары А.Акаев кеткенден кийинки Кыргызстандагы саясий ахывалды «арасат» - жеке бийлик менен демократиянын ортосунда олку-солку турган өлкө таризинде сыпаттады. Акыйкатта да, кийинки кездердеги окуялар жаңы бийлик батыл саясий-экономикалык реформаларды жасоого даай албай, колдон убактысын учуруп жатканын айгинелөөдө.

Эларалык кризис тобу 2002-жылы Аксы алааматынын себеп-жөнү кылдат иликтенип, бийлик андан олуттуу сабак алышын учурунда эле эскерткен. 2000-жылы үчүнчү мөөнөткө шайланган президент А.Акаев Аксыдан 6 азамат милиция огунан набыт болгондон чыккан нааразылыкты конституциялык реформа демилеси менен бас-бас кылып, бирок да проблеманы чече алган эмес.

Эларалык уюмдардын сылык-сыпаа эскертүү, жылуу-жумшак билдирүүлөрүнө бышыкулак кыргыз бийлиги топтун өткөн жылдын августунда жарыя кылган бүтүмүн деле баам сыртында калтырган. Анда А.Акаев бийлигинин күнү бүтүп баратканы ачык эле белгиленген: «Бул режимдин таянычы абыдан эле бошоң. Үй-бүлө менен ага жакын кеңешчилерди эсепке албаганда, бийликке жан тарткандардын катары азаюуда».

Ушул жылдын май айында эларалык кризистик топтун байкоочулары эгер жаңы бийлик кардиналдуу өзгөрүүлөрдү жасабай, тек кызмат орунда отургандарды гана алмаштыруу менен чектелсе Кыргызстан дагы кыйлага башаламандыктын төөбастысында каларын белгилешти. А.Акаев түзгөн баарына үстөм президенттик бийлик, бошоң мамлекеттик институттардын ичара тымызын каршылыгы барып-келип өлкөнүн келечегине коркунуч түзө баштады. Жаңы бийлик А.Акаевдин жолоюна түшпөс үчүн ириде саясий реформаларды жүргүзүшү абзел, антпесе опсуз президенттик бийлик менен алсыз мамлекеттик институттардын ортосундагы ажырымдын арты дагы тереңге кетет.

Эларалык кризистик топтун өткөн аптанын соңунда жарыя кылган баяндамасында Кыргызстандагы саясий кырдаал мурдагысынан кыйла курчуп кеткени белгиленди. Менчик бөлүштүрүү токтолбой, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасы көрүнбөй жаткан чакта жаза өтөө жайларындагы башаламандыктар башталып кетти. Азырынча өкмөт кризистен кантип чыга турган жолду табалек. Саясат таануучу Алымбек Биялиновдун ырасташынча, анын ачык саясий багыты, экономикалык программасы жок, эларалык кризистик топтун «арасат» деген баасы кырдаалды таасын мүнөздөйт.

- Ыңкылапты эл жасап жиберип, буларда программа, кай жакка бара турган максаты жок болуп калды. Азыркы учурда каякка барышты билбей жатабыз. Маселе бышып жетилип калган, конституциялык реформа жүргүзөлү дегенбиз. Ал да жүрбөй жатат. Кылчакташып жүрбөй жатат. Каякка жүргүзөбүз, кантип жүргүзүшүбүздү билбей жатышат. Азыркы система калса курч кырдаал дагыле сакталат. Өкмөттүн программасы кандай экенин мен түшүнбөй жатам. Эмне кылабыз дейт булар, кандай кылышат?- дейт Алымбек Биялинов.

Эларалык кризистик топ Кыргызстандагы башаламандыктар жалгыз эле өлкөнүн саясий-экономикалык турмушуна салакасын тийгизбей, жанындагы коңшу өлкөлөрдөгү өкүмзор бийликтин жанданышына өбөлгө түзүп ийиши ыктымал деп эсептейт. Жаңы бийликтин батыл демократиялык реформаларды жасабай, арасат турушунун бир себебин саясат таануучу Айдарбек Көчкүнов элдик революциянын алдына коюлган максат-милдеттердин аткарылбай калышына байланыштуу түшүндүрөт.

- Революция деген бул системаны өзгөртүш керек болчу. Коррупцияга белчесинен баткан бир катар чиновниктерди камакка алыш керек болчу. Мыйзамсыз жол менен менчиктештирилген ишканаларды кайра улутташтырып мамлекеттин колуна өтүш керек болчу. Бул иштер аткарылган жок. Демек, революция өз максатына жетпей, бийлик элитасы башка бир бийлик элитасы менен алмашып калды.

Ушу тапта Кыргызстан башынан кечирип жаткан арасаттыктын дагы бир тамыры Бакиев-Кулов «тандемине» барып такалат. «Кабар» агенттигинин аналитика бөлүмүнүн башчысы Жыргалбек Касаболотов эки саясатчынын мунасасы – тандеми жердигинен туура эмес түзүлгөн дейт.

- Премьер-министрдин иш тажрыйбасы негизинен күч органдарына негизделген. Президенттики экономикага негизделген. Эгер тандем тескерисинче түзүлсө бул кичине түшүнүктүүрөөк болмок. Kомандаларынын ортосунда да билинбеген карама-каршылыктар бар.

Жакындан бери жаңы өкмөт жарым жыл саясий-экономикалык реформаларды баштоого өтөле аз убакыт бөлүнгөнүн айтууга өттү. Ошол себептүү конституциялык реформага шашпай, башкаруунун кайсы түрүнө өтүү туура болорун элден сурап-билүүгө кызыкдар экенин жарыя кылды. Эл үчүн парламенттик же президенттик башкаруунун айырмасы деле жок. Ал ириде өзүнүн жеке жашоо-тиричилиги тууралуу ойлонот. Кыргызстанда болсо экономикага караганда саясий оюндардын күнү тууп келатканы дамамат айтылып келет.

“АРКЫ ЖЭЭК МЕНЕН БЕРКИ ЖЭЭК, АДАМ КРИЗИСИ, “ПИРАМИДА”

Кабыл Макешов, Бишкек 20- декабрдагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары өлкөдөгү кадр саясаты, “Пирамида” телерадиокомпаниясынын айланасындагы чыр- чатак, өлкөдөгү мүлк бөлүштүрүүнүн күңгөй- тескейлери тууралуу макалаларды жарыялашты.

20- декабрдагы “Агым” гезитинде кабарчысы Асланбек Сартбаев " Аркы жээк менен берки жээк” деген макаласында “Революция чекитин ким коет?” деп суроо коюп, жооп издейт.

“Төңкөрүштүн шарданы менен эски-жаңы бийлик аралашып, болгондо да камыр-жумур жуурулушуп келатат. Кептин түз маанисин мурдагы бийликте иштегендерде эмес, ошол чалдыбары чыккан эски бийликтин башкаруу системасынан, режиминен арылалбай, мына ушундан ички саясый чыңалуулар, ит жүрүштөр жаралып атат. Даракты түп-тамырынан жулуп ыргытуу кандай оор болсо, акаевдик режимди жулуп ыргытуу андан оор, андан кыйын. Төңкөрүш болуп өттү дедик. Аны эми революциялык үлгүгө салуу жолундабыз. Бу жагынан революция уланып атат. Эң башкысы, конституциялык реформаны К.Бакиевдин кызыкчылыгына карабай (кеңешмедеги көп кошоматчыларга айтам), мамлекеттүүлүктүн мыйзамдарына, болгондо да өзгөрүү мыйзамдарына карай бурулушубуз кажет. Тилекке каршы, бүгүнкү түзүлүп аткан конституциялык реформанын жемиши анча байкалалек. Мунун шарданы менен эски-жаңы бийлик ачык да, тымызын да тирешип атат. Эң одоносу, президентибиз эски бийликтин режиминен чыгалбай аткандагысы. Чыгабыз дегендерди четке сүрүп атканы өкүндүрөт.» дейт кабарчы Асланбек Сартбаев.

Ушул «Агымда» журналист Жеңишбек Эдигеев Жогорку кенештин төрагасы Өмүрбек Текебаевди “Сегиз сапта” сынга алган.

«- Өмүрбек Чиркешович парламентте академик болуп калды. Өмүрбек мырза депутат катары мыкты мыйзамчы экенин далилдеди. А спикер катары саясый деңгээли канчалык бийиктикке жеткенин өзүбүз көрүп атабыз. Далай сырларды, далай саясый оюндарды ичине жашырып жүрөт. Спикер катары Шеримкуловду идеал тутчу элек, Ө.Текебаев азыр андан да ашып кетти.» деген пикирин билдирген өлкөнүн каржы министри Акылбек Жапаров.


ЖК депутаты Каныбек Иманалиев Өмүрбек Текебаевдин саясий ишмердигин жогору баалаган:
«24-марттан кийин Конституция бузулду. Ошондо өлкөнү конституциялык жолго алып келүүдө анын ролу эбегейсиз болду. Өмүрбек мырзанын саясый принциби бекем, түрдүү шартта кек сактабаган, саясый менеджер. Айтор, Өмүрбек Чиркешович эл сынынан жакшы өтүп келатат, балким кийинки президенттик шайлоодо бирден-бир татыктуу талапкер болот.»


Мударис Кусеин Исаев жогоруда айтылгандардын пикирине кошулбайт.:

«Тилекке каршы, мыйзамчы талантын, мыктылыгын 24-марттагы элдик ыңкылаптын асыл максаттарына жетишүүгө жигердүү күрөшпөгөнү өтө өкүнүчтүү. Ал президент жана аткаруу бийлиги менен бир тилекте иштешкенде акыркы 9 айдын жыйынтыгы бүгүнкүдөн жакшы болмок. Эсимде, ушул жылдын 11-мартында жалалабаттыктар бүт ыңкылап үчүн күрөш жүргүзүп жатканда ал Базаркоргон районунда өздөрүнчө жыйын өткөрүп, элдик ыңкылаптын башчыларына, ошо кездеги оппозиция жетекчилерине каршы сөз сүйлөгөн. Конституциялык нук деп атып, 9 айдан бери элдик ыңкылаптын талаптары аткарылбай келүүдө. Натыйжада, ошонун айынан президент да бүгүн кыйналууда.» дейт Кусеин Исаев.

Ушул “Агымдын” кабарчысы Жолдошбек Зарлыкбеков “Жолбүгүн”рубрикасында өлкөдөгү адам кризиси тууралуу сөз койгойт. Ушул макаласынын мазмуну жөнүндө автор мындай дейт.
Биздин саясатчылар, президент баштап эмне иш жасап, эмне болуп жатканын түшүнбөй деле калышты. Крылов тамсилиндегидей кырдаал турат. Депутат А.Бекназаров мисалы, "революцияны 2006-жылдын 24-мартында бүтүрөлү" дейт. Бакиев менен Кулов экөөнүн "голубой" эмес тандемин бүтүрөлү дегениби же экөөнө шанс берели дегениби? Одурайып көрүнүп турат, премьер-министр мурдагы коллегаларындай эле укуксуз, жылаңач. Бийлик шыкактаган тарап аны криминалитетке клейлеп, шымаланып эркин иштөө эмес, актануу, укугун коргоо позициясына тыкканга аракеттенип жатат. Шанс... кыйын го.

Тандемдин тамам болорун же аман болору жаңырган Конституциянын кандай түптөлөрүнө жараша болот. Министрлер иштеп жаткандай - "жүрүп бараткандай" түр көрсөтөт. А чынында, лөк личносттордун - алардын артында турган саясый күчтөрдүн тымызын, кээде ачыкка чыга калып жаткан көрүнүшүндө кимди кимиси төөматектеп кетерин күтүп, токтоп турушат. Ошол эле маалда улуттук идеологияны оттон, таштан, экономикадан, рухтан издеп жаткан көзөлдөр - баарыбыз адамдык личность кризисинен энтигип, туйлап, кыйналып турабыз. "Өзүм түгүл көлөкөм да чарчады" деп Чилинин чоң акыны үшкүргөндөй, карапайым элдин 90 пайызы кыйналып турат. Көбү революция деп айтып жатышкан "күтүүсүз качкын жеңишинен" - 24-марттан соңку коомубуз комузга жаңы кыл таккандай жаңырат, сергек үн-күү чыгарат, жаңылар ишке жарап берет деп күткөн күтүүнүн күүсү ай санап эскирип, эл ичи "ак мышыгың деле, кара мышыгың деле баары бирдей турбайбы" маанайы күн санап арбып баратканы көзкөрүнөө.


20- декабрдагы “Аалам” гезитинде кабарчы Улан Мамбетов өлкөдөгү менчик бөлүштүрүү тууралуу кеп козгойт.
“Ыңкылап болгонго чейин шаарыбыздагы ири ишканалардын көбү, Президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү делинип келсе, учурда алардын кимге тиешелүү экендигин Өкмөтүбүз дагы жакшы билбей калды көрүнөт. Себеби, акыркы мезгилде өлкөбүздөгү ири ишкана, киреше берүүчү мекемелердин айланасындагы жаңжал күчөп, белгисиз себептер менен эле анын кожоюндары алмашып кетип жатканы коомчулукту таң калтырып келет. КООРТ, "Вечерний Бишкек, Шампанвинкомбинат, Кант цемент-шифер комбинаты, "Ак-кеме" мейманканасынын айланасындагы ызы-чуулар жаңы эле токтоп келе жатканда, коомубузду дагы башка мүлк талаштар дүрбөтүп, тынчын алды.
Тагыраак айтканда, "Пирамида" менчик телеканалы менен "Бител" уюлдук байланышына кожоюн болгусу келгендер көбөйдү. Албетте, чоң каражат алып келген тармак менен саясат жүргүзүүчү каражатка ким ээлик кылуудан качсын? Бирок, ошол адамдардын так аты-жөнү билинбей, ачыкка чыкпай жатканы көпчүлүккө кызык болууда.”
деп жазат автор.

“Ааламдын” кабарчысы Жазгүл Ибраева “Кыял" улуттук көркөм өнөр
бирикмесинин директору Султанбек Макашов менен маектешкен. Ал улуттук идеология, ишкерликке тоскоол болгон жагдайлар, көркөм мурастар, кол өнөрчүлүк аңгеме куруп берген :
"Ар бир баскан кадам коррупция. Бизде так, даана багыт жок экендиги өкүнүчтүү. Бир кезде коммунизм дечүбүз. Ошондо деле багытыбызды так аныктап ала алган эмеспиз. Бардыгы аракет менен жаралат. Бизде утопиялык идея жок. Мына мамкатчы Д.Сарыгулов улуттук идеология деп күйүп-бышып жүрөт, бирок бул нерсе улуттук, мамлекеттик масштабда жайыла элек. Бул биринчиси. Экинчиси, өлкөдө экономика менен алышкан эч ким жок. Бүт эле саясий оюндар менен алышкандар. Үчүнчүдөн, дисциплина табитибизде жок. Маселен, бирине-бири баш ийбейт. Ар бир кокту өз ханын өстүрөт. Мунун акыры биримдиктен, ынтымактан алыстатат,”- дейт Султанбек Макашов.

«Ааламдын» «Саясий шпрот» рубрикасында саясый баяндамачы Рыскелди Момбеков бул ирет Роза Отунбаева менен Замира Сыдыкова тууралуу кеп козгойт.

«Кыргыздын кыйын чыккан кыздарынын бири, элдик революциянын "локомотиви" атыккан айымыбыздын саясатта аксап турушу, көпчүлүк элибиздин көңүл назарында турат. Акаев бийлиги тушунда депутаттык мандат үчүн ажобуздун кызы менен тараза ташына түшмөй болгон. Бирок, ал кездеги коркок бийлик Роза айымды алгач талапкер катары каттап алып, кайра анысын жокко чыгарышкан. Жогорку Кеңеште отурган "Алга, Кыргызстандын!" жоон топ өкүлдөрү эжекени министрлик ээрден оодарып түшүштү. Кайрадан таза шайлоого аттанды, кайрадан шайтан оюндарга кабылып БШКга даттанды, укпай коюшту, кудум Акаев тушундагыдай. Кайрадан БУУдан кызмат орун сунуш кылаары толук мүмкүн. "Колдо бар алтындын баркы жок" деген ушу тура» деп жазат Роза Отунбаева тууралуу.


«Калеми курч, жазганы мурч, элдик журналист аталган элчи айым Замира Сыдыкованын башына кара булут айланды. Американын Кыргызстандагы аскер аба күчтөрүнүн тегерегиндеги чыр-чатактардын чындыгын айтам деп, чырдын чогун басып алды. Элдик революциянын жемиши менен элчилик кызматка жетти эле, эми эки чырдын чатагы менен ээрден шыпырылабы? Ал ортодо алыскы Америкага экс-министр айым Р.Отунбаева элчилик кызматка барат экен деген сөздөр да, эл арасында тарай баштады.» деп жазат автор.

ТУЙГУНАЛЫ АБДРАИМОВ: «КОЙ СОЮП, АРАК БЕРИЛБЕДИ ДЕСЕМ КАЛПЫЧЫ БОЛОМ».

Кыргызстанда жекшембидеги жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоо негизинен тынч өтүп, олуттуу мыйзам бузуулар жана чыр-чатактуу жагдайлар катталган жок. Бул жөнүндө бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов билдирди. Бирок, БШК төрагасы добуштарды сатып алуу аракеттери болгонун четке какпайт.

19-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы жекшембидеги шайлоонун жыйынтыктарын жарыялады. БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун айтымында шайлоо негизинен тынч өттү:

- Жалпысынан алганда шайлоо тынч өтүп, курч чыр-чатактуу жагдайлар байкалган жок. Болгону Чүйдөгү Новопавловка айыл өкмөтүндө эки талапкердин балдары мушташып кетишти. Өзгөндөгү бир айыл өкмөттө шайлоочулар добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болушуп, бир аздан соң абал калыбына келген. Шайлоодо 865 миң 801 адам добуш берип, катышуу 52, 4 пайызды түздү.


БШК төрагасынын айтымында, бир кызык жери бул шайлоодо Каракулжа районундагы бир айыл өкмөттө эки талапкер тең добуш алып, кимиси жеңгени белгисиз бойдон. Анткени мындай учур мыйзамда каралган эмес. Учурда добуштарды кайра саноо жүрүүдө.

Шайлоого 31 эл аралык 28 миңдей жергиликтүү байкоочу көз салышты. Байкоочулардын баамында, алдын ала божомолдонгондой шайлоодо элдин уруу-урууга бөлүнүүсү күч болгону да анчейин байкалган жок:
- Олуттуу мыйзам бузуулар байкалган жок. Биз шайлоо алдындагы маалымат жыйынында жер-жерлерде уруу-урууга бөлүнүү күч экенин, ушундай көйгөй бар экенин айтканбыз. Бирок шайлоо күнү мындай бөлүнүү жана уруш-талаш байкалбады,-деди шайлоого 520 байкоочу койгон «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын координатору Динара Ошурахунова.

Кандай болгон күндө да БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов бул шайлоодо добуштарды сатып алуу болгонун четке какпайт:

- Менин оюмча, добуш сатып алуу болду болуш керек. Кой союп бермей, арак берүү болбоду десем калпычы болом. Көп жерлерден бизге ушундай маалыматтар түштү. Бирок, колунан кармап алуу өтө кыйын экен. Ошондуктан биз мындай фактылар боюнча айрым бир талапкерлерди каттоодон алып сала алган жокпуз.

Шайлоого жалпысынан 1548 талапкер ат салышып, алардын 126сын аялдар түзгөн. Бирок аял талапкерлердин 18и гана женишке жетти.


- Аялдар талапкер катары өзү аз катышты, - дейт гендер маселелерин иликтеген социолог Топчугүл Шайдуллаева.-Экинчиден, бул шайлоо биздин электораттын саясий маданиятынын деңгээлин көрсөттү. Аялдын орду үйдө деген гендердик стероетип дале сакталуу бизде. Аялдарга карата салттуу көз караштан баа берүүнүн жыйынтыгын ушул шайлоо дагы бир жолу көрсөттү.

Коомчулукта мындай шайлоо элди уруу-урууга бөлүнүүсүн күчөтөт, эл татыксыз болсо да өз уруусунан чыккан талапкерди шайлашат, мындай шайлоонун Кыргызстанга кереги жок деген пикирлер да жок эмес.
- Өз алдынча башкаруу деген бул жаңы реформа,- деди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациясынын жетекчиси Курманбек Дыйканбаев. -Шайлоо менен биз коомду, шайлоочуларлдын аң-сезимин өзгөртүп жатабыз. Эл бир жолу, эки жолу тууганын шайлап алсын. Үчүнчү жолкусунда тууганым уят кылып койду, менин да коом алдында жоопкерчилигим бар деп ойлонот. Биз ушундай жолдон өтүшүбүз керек. Демократияда эл башкарууга катышуусу керек. А башкарууга ушинтип шайлоо аркылуу катышат.

Ошентип, бул шайлоо Кыргызстандагы быйылкы шайлоолорду жыйынтыктады. Жергиликтүү бийлик башчыларына алгачкы шайлоо төрт жыл мурда, 2001-жылы болгон. Айрым байкоочулар бул шайлоо элдин аң сезими, саясий деңгээли бир топ өскөнүн көрсөткөнүн белгилешүүдө.

КУБАТ БАЙБОЛОВ: ПАРЛАМЕНТТИК БАШКАРУУГА ӨТМӨЙҮНЧӨ КРИЗИСТЕН ЧЫКПАЙБЫЗ»

Азиза Турдуева, Бишкек Конституциялык реформанын тагдыры кыргыз парламентинде кызуу талашка түштү. «Демократиялык күчтөр биримдиги» саясий партиясынын парламенттеги өкүлдөрү бүгүн Кыргызстанды парламенттик башкарууга өткөрүү боюнча конституциялык реформаны тезинен жүргүзүүгө үндөштү. Парламентте Президент К. Бакиевди жактаган депутаттар Кыргызстан парламенттик башкарууга өтүүгө даяр эмес деп чукул конституциялык реформа баштоого каршы чыгышты.

Депутат Кубатбек Байболовдун пикиринде президенттик-парламенттик башкаруу системасы Кыргызстанды кризис кырдаалдан куткарбайт. КМШ өлкөлөрүнүн айрымдарында, анын ичинде Россия менен Кыргызстанда 1993-жылы болгон саясий кризистер да ийкемдүү демократиялык мамлекеттик башкаруу болбогондуктан чыккан.

- Европанын өлкөлөрүндө негизинен парламенттик башкаруу өкүм сүрүп келүүдө. Ал эми башаламандык, кризистер, көтөрүлүштөр болгон өлкөлөр - президенттик системада жашап келе жаткан мамлекеттер. Андыктан, өлкөдөгү башкаруу системасын өзгөртмөйүн кризистер улана берет, - деди К. Байболов.

«Демократиялык күчтөр биримдиги»(ДКБ) партиясынын лидери, депутат К. Байболов жакында эле эле Конституциянын өзү кошо катышып иштеп чыккан жаңы долбоорун басма сөзгө жарыялап, коомчулукка сунуш кылган. К. Байболов баш болгон ДКБ саясатчылары өлкөнү парламенттик башкарууга өткөрүү боюнча конституциялык реформаны тезинен жүргүзүп, аны ишке киргизүүнү 2009-жылдан баштоо туура чечим болорун белгилешүүдө. ДКБ партиясын конституциялык реформа маселесинде "Менин өлкөм" партиясы толук колдоого алууда.

Конституцияны чукул арада өзгөртүүгө эң оболу Президент Курманбек Бакиев каршы чыгып келатат. Ал буга чейинки чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө өлкөдө саясий партиялар системасы өнүгө элек болгондуктан парламенттик башкарууга Кыргызстан даяр эмес деген пикирин билдирген болчу.

Президентти жактаган саясий күчтөр парламентте да бар. Бир катар депутаттар, мисалы, Рашид Тагаев, Юрий Данилов бүгүн талкууда Кыргызстан азырынча парламенттик башкарууга өтүүгө даяр эмес деп сүйлөп чыгышты.
-Кыргызстан легендарлуу парламент тушунда парламенттик өлкө болгон. Андан жакшы эч нерсе болгон жок. Менчикти кайла бөлүштүрүү болуп жатат, белгилүү деструктивдүү күчтөр азыр өлкөдө башаламандыктардын болушу каалап турушат. Мындай шарттарда конституциялык реформаны 2009-2010-жылга чейин жылдыруу керек. Өзүбүздүн мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калайлы!, - деди Рашид Тагаев.

Ал ортодо Конституциялык реформаны токтото турууга каршы болуп жаткан саясий күчтөр, жарандык уюмдар Президентти мурдагы демократиялык позициялардан чегинди деп сынга алышууда. Алардын жүйөөсүндө Президент конституциялык реформаны тез арада жүргүзбөсө саясий кризис күчөп, марттагы революция кайталанышы ыктымал.

КЫРГЫЗСТАНДА 50 МИҢ БАЛА КАРАЛБАЙ КӨЧӨДӨ КАЛДЫ

Ырасмий маалымат боюнча бүгүнкү күндө Кыргызстанда 20 миң бала кароосуз көчөдө калган. Каттоого илинбегендердин болжолдуу эсебин кошкондо кароосуз калган балдардын саны 50 миңге чыгат. Бул маалыматтар Кыргызстандагы балдардын турмушуна арналып, 17-18-декабрда Бишкекте болгон улуттук форумда жар салынды.

Кыргызстанда ата-эне мээрими менен тарбиясынан ажыраган балдардын 10 пайызы ата-энесинин аракечтигинен, 8 пайызы үйбүлөдөгү зомбулуктан, ал эми 75 пайызы жакырчылыктан улам каралбай калган.

Өлкөдө соңку мезгилде катталган кылмыштардын 60 пайызы 14-17 жаштагы өспүрүмдөрдүн, көбүн эсе көчөдө калган балдардын колу менен жасалган.

Акыйкатчынын орунбасары Садык Шер-Нияздын айтымында эгер көчөдө калган балдардын саны ушинтип өсүп отурса, эртең мамлекеттин башына мындан да оор түйшүктөр үйүлөт :
Чынында эле республикадагы кароосуз калган балдардын абалы өтө эле оор. Өтө оор болгону бир оорчулук болсо, ал эми алардын саны көп экендиги –20 миң бала экендиги бул экинчи оорчулук. “20 миң” деген бул өкмөттүн статистикасы. Ал эми чынында мындай балдардын саны андан да бир нече көп экенин билебиз. Ошондуктан биз бул проблемага эртерээк кайрылып, эртерээк чечкиндүү кадамдарга барбай турган болсок, биздин келечек оор жоготууга учурап калышы мүмкүн.


Кыргызстандагы балдардын турмушундагы курч проблемалар көтөрүлгөн улуттук форум Бишкекте 15-16-декабрда өткөн. Ага катышкандар көчөдө калган балдар проблемасын чечүү боюнча ата-энелердин, мамлекеттин, айрыкча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн өз ара тыгыз иш алып баруусу зарыл деп белгилешкен.

Таштанды балдар үчүн айыл өкмөттөрүнүн жоопкерчилиги чоң экендигин Эмгек жана социалдык коргоо министринин орунбасары Өктөмхан Абдуллаева да баса белгиледи:
-Бишкектин базарларында иштеп жүргөн балдар, ташталган, кароосуз көчөдө калган балдар – айылдан келген балдар болуп жатат көбүнчө. Ошондуктан бул иштерди айыл өкмөттөрүнөн башташыбыз керек.
Ушул тапта Кыргызстанда оор тагдырга туш болгон балдар үчүн баш калкалап, жан сактоого он алты жай эл аралык уюмдардын каржылык колдоосу астында ачылып, иштеп келатат. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Стюарт Макнаб эми сөздөн ишке өтө турган учур келгенин айта кетти:
- ЮНИСЕФ колдон келген жардамдарды көрсөтөт. Форумда чыгарылган жыйынтыктар кагазда калбас үчүн, болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумшайбыз.

ОШ 3000 КООМДУК ТЕЛЕВИДЕНИЕ БОЛУП ТҮЗҮЛДҮ

Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош-3000 телерадио компаниясы президент Курманбек Бакиевдин Жарлыгы менен ЭЛТР Кыргыз коомдук телерадиосу болуп кайра уюшулмакчы. Коомдук телеберүүнүн маани-маңызы, башкаруу жана каржылоо өзгөчөлүктөрү жөнүндө аталган телекомпаниянын жетекчиси Кадыр Кошалиев «Азаттык» радиосуна маек куруп берди.

- Кадыр мырза, Ош-3000 мамлекеттик телерадио компаниясы ЭЛТР коомдук телерадиосу болуп кайра түзүлгөндөн кийин теле берүүлөрдүн маани-маңызында кандай өзгөрүүлөр күтүлүүдө?

- Албетте, бир нерсени коомчулук күтүп аткандыгын мен түшүнөм. Чын-чынына келгенде ЭЛТР телевидениеси бул жалпы Кыргыз Республикасынын коомдук телерадио компаниясы деген түшүнүктү жаратат. Демек, биз бир гана облустун, же түштүк эмес, жалпы кыргыз журтчулугунун, Кыргыз мамлекетинин деңгээлинде иш жүргүзүүгө аракет кылабыз. Тематикасы боюнча жашыруун, козголбогон тема болбойт, баардык маселе жөнүндө кеп кылабыз. Негизги приоритет албетте маалыматка берилет. Аналитикалык, оюн-шоок, баардык эле багыттагы көрсөтүүлөр бoлoт.

- Коомдук телерадиону көз каранды эмес башкаруунун өзгөчөлүгүн эмнеден көрөсүз?

- Эң жогорку коллегиалдуу башкаруу органы болуп тогуз кишиден турган байкоочулар кеңеши болот. Ал бийлик органдарында, аткаруу бийлигинде иштебеген, Жогорку Кеңештин депутаты да болбогон, жалпы журт кадырлаган илимий-чыгармачылык, өнөр багытындагы, телени жакшы түшүнгөн адамдар болуш керек.

- Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү кандай тартипте тандалып алынып, кандай шартта дайындалат?

- Байкоочулар кеңеши өкмөттүк эмес уюмдар, чыгармачылык союздар, профсоюздук уюмдар коомчулук тарабынан элдик жыйындарда көрсөтүлөт дагы, эл көpсөткөн талапкерлердин ичинен президент өзү тогузун тандап алып, Указ менен бекитет.

- ЭЛТР коомдук телеканалынын каржылоо булактары эмнеден турмакчы?

- Мамлекеттик мекеме катары калдык. Себеби бул өтө чоң финансылык каржылоону талап кылган иш. Андыктан азыр эле мамлекеттен бөлүнүп, өз алдынча каржылоо булагын таап кетиш кыйын. Каржылоо негизинен мамлекеттик бюджеттен болмокчу. Андан сырткары бардык сырткы, ички финансылык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга, табууга, аны каржылоого эркиндик берилген.

- Коомдук телеберүү болуп кайра түзүлгөндөн кийин, анда иштеген кызматкерлердин кесиптик деңгээлине кандайча көңүл бурулат?

- Бардык нерсени алдын ала даярдаш керек. Жогорку окуу жайды бүтүп, диплом алып келдим деген адамдын баары эле журналист болуп калбайт. Ошолорду дагы тажрыйба бөлүшүп, даярдап, тааныш-тамыр, же башка принциптер менен эмес, чыныгы таланттууларды, чыныгы эфирдин адамдарын издешибиз керек. Ошондуктан бардыгы конкурстук негизде жүргүзүлөт. Эфирди алдай албайбыз, кимдин дарамети канчалык экени экрандан баарына көрүнүп турат.

КӨРҮСТӨНДҮН ОРДУНА МЕЧИТ

Кыргызстандагы дунган диаспорасынын өкүлдөрү ата-бабасынын сөөгү жаткан мүрзөнү сүрүп, анын ордуна мечит куруу жөнүндө Бишкек бийлигинин чечимине каршы чыгышты. Үстүбүздөгү жылдын август айында Бишкек мэриясы шаардагы эски мүрзөнү мечит жана медресе куруу үчүн «Ихсан-Хария» жана «Фанчин» фонддоруна берүү тууралуу чечим чыгарып берген.

Дунган диаспорасынын өкүлү, Чүй облустук кеңешинин депутаты Мацун Гынлейдин айтымында Бишкек мэриясы чыгарган токтомдо жаңы имарат куруучулар сөөктөрдү башка жакка көчүрүп көмүүгө милдеттендирилген болсо да, аны жасашкан эмес:

-Салт боюнча, шариат боюнча сөөктөрдү көчүрүп көмүү керек. Алар болсо муну жасагылары келген жок. Мүрзөлөрдү тегиздей башташты. Сөөктүн үстүнө эле кура башташат. Биз ошол үчүн каршы болуп атабыз.

Дунган таануу илиминин доктору Мухаммед Имазовдун айтымында, дунган элинин каада-салтында мүрзөгө эстелик коюу же күмбөз тургузуу жок. Мына ушул себептен көрүстөн кароосуз калгандай сезилет. Өткөн айдан тарта көрүстөндү курчаган темир тосмолор да жок болгон. Ал эми кишилердин сөөктөрү көмүлгөн дөңсөөчөлөр тегизделе баштаган. Профессор Мухаммед Имазов муну адамгерчиликсиз деп айыптап, мүрзөнү тарыхый мааниси бар эстеликтердин катарына киргизүү керек деген пикирин билдирди:

-Мындай иш эч бир коомчулукта кабыл алынбай турган нерсе. Бул көрүстөндө дунган элинин көрүнүктүү уулдарынын сөөктөрү жатат. Ошондуктан, бул көрүстөндү мамлекет тарабынан коргоого алынган тарыхый-маданий обьекттердин катарына киргизүү керек деп эсептейм.

Бишкек шаарынын чок ортосунда Рыскулов көчөсүндө орун алган көрүстөндүн аянты 4 гектар. Ал 19-кылымдын аяк ченинде дунган элинин Кытайдан көчүп келген убагынан баштап пайда болгон. Бул жерге акыркы сөөк коюлганына 40 жылдан ашты. Үстүбүздөгү жылдын август айында Бишкек шаардык мэриясы мүрзөнү сүрүп, анын ордуна мечит жана медресе куруу үчүн «Ихсан-Хария» жана «Фанчин» фонддоруна берүү тууралуу токтом чыгарып берген. Октябрь айынан тарта көрүстөндүн ордун тазалоо иши башталган.

«Ихсан-Хария» коомдук фондунун жетекчиси Муса Магомедовдун айтымында эски мүрзөнүн ордуна мусулман борборун курууга дунган элинин өкүлдөрү макулдугун беришкен:

-Өзүнүздөр деле билесиздер, азыр борбордук мечиттин тардыгынан кишилер жума намазды көчөдө окуп атышат. Биз чоңураак мечит куруу үчүн шаардык мэриядан жер сураганбыз. Алар көпкө чейин бизге ылайыктуу жер беришкен жок. Бул көрүстөндүн ордун башка бирөөлөр базар куруу үчүн сатып алууга аракет кылып жатышкан экен. Биздин андан көрө мечит жана медресе куралы деген сунушубузга мэрия да каршы болгон эмес. Ал эми дунган элинин макулдугун да алганбыз. Бизде алардын макулдук берген каттары бар. Маркумдардын сөөктөрүн казып алууга биз али жетелекпиз.


Муфтийдин орун басары Нематулла Жээнбеков көрүстөнгө 20 жылдан ашык убакытта киши сөөгү көмүлбөсө, башка бир имарат курууга шариат жол Бере тургандыгын билдирди. Бирок, көрүстөн ордуна мечит курууга Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы тарабынан эч кандай көрсөтмө берилген эмес.

МАДАНИЯТ КҮНДӨЛҮГҮ

ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК БАШЧЫЛАРЫН ШАЙЛОО ӨТТҮ

Жекшембиде Кыргызстанда быйылкы жылдагы эң акыркы шайлоо, жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоо өттү. Шайлоо өлкөдөгү 472 айыл өкмөттүн 369унда, анын ичинде район карамагындагы 11 шаар башкармалыктарында да болду. Добуш берүүгө бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын байкоочулары көз салышууда. Айрым байкоочулар добуш берүүнүн учурунда эч кандай олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун айтышууда.

Расмий маалыматтарга жана добуш берүүгө көз салган айрым байкоочулардын баамына караганда, шайлоо негизинен тынч өтүп, эч кандай олуттуу мыйзам бузуулар байкалган жок. Бул шайлоодо эл арасында уруу-урууга, жек жаатка бөлүнүп жарылуу күч болоору тууралуу алдын ала божомолдор айтылган эле. Бирок айрым байкоочулар андай бөлүнүп-жарылуулар деле анчейин байкалбаганын белгилешүүдө.

108 айыл өкмөттөгү 520 шайлоо учаскткаларына байкоочуларын койгон «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалциясынын координатору Динара Ошурахунова шайлоонун жүрүшү туураалуу буларга токтолду:

- Шайлоо тынч өттү. Мурда болжолдонгондой уруу-урууга бөлүнүү, уруш-талаш байкалган жок. Биздин байкоочулар шайлоочулардын тизмеси сапаты начар, өткөн президенттик шайлоододан эч айырмаланбастыгын, жакшы даярдалбаганын айтышууда.

Чүй облусундагы Нурмамбет айыл өкмөтүнүн тургуну Улан Суракматов болсо буларды белгиледи:

- Шайлоо жакшы эле өтүп жатат. Бирок эл арасында уруу-урууга, жек-жаатка бөлүнүү байкалууда.

Байкоочулардын баамында, элдин добуш берүүгө катышуусу бир топ суз. Ал эми Жалалабат облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурмамат Ашымов элдин катышуусу мурдагы шайлоолордон айырмаланбаганын айтат:

- Элдин катышуусу демейдеги шайлоолордой эле болгонсуп атат. Олуттуу мыйзам бузуулар болгон жок. Токтогул районунда бир шайлоо комиссиясынын мүчөсү экиден бюллетень берген экен, ал дароо четтетилди.

Кыргызстанда ушуну менен жергиликтүү бийлик башчыларына экинчи жолу шайлоо өтүүдө. Айыл өкмөттөрдү шайлоо алгач 2001-жылдын декабрында болгон. Коомчулукта мындай шайлоо элди уруу-урууга бөлүнүүсүн күчөтөт, мындай шайлоонун Кыргызстанга кереги жок деген пикирлер да жок эмес.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын деректирлер кеңешинин төрагасы Хайит Айкынов болсо, мындай жолдон кайра кайтпаш керек, азыр болбосо да бара-бара эл татыктуу талапкерди тандаганга үйрөнөт деген пикирде:

- Шайлоодо эл уруу-урууга, көчө-көчөгө бөлүнүп жатканы туура. Биз мурдагы союздук республикалардын ичинен биринчи болуп, жергиликтүү бийлик башчыларын демократия жолу менен шайлап жатабыз. Биринчи, экинчи шайлоолордо кимдин тууганы, же акчасы көп болсо шайланып калышы мүмкүн. Бирок бара-бара бул туура кадр тандоого алып барат деген үмүтүм бар. Себеби эл да кайра-кайра эле адаша бербейт. Жалпы элдик мындай шайлоодон артка кайтпай, кайра аны улам жакшыртып, туура эмес жерин оңдошубуз керек.

Бул шайлоодо жалпысынан 1548 талапкер ат салышууда. Өткөн шайлоого салыштырмалуу саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлер 1,9 пайызга, аялдар 6 пайызга көп. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда саат 16га дейре республикадагы жалпы шайлоочулардын 38 пайыздайы добуш берүүгө катышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгы 19-декабрда белгилүү болот.

ШАЙЛОО ЭЛДИ ЖИККЕ БӨЛДҮБҮ?

18-декабрда Жалалабат облусунда 69 айыл өкмөт башчысын шайлоо болду. Байкоочулардын пикиринде, шайлоо тынч өтүп жатканы менен айыл-кыштактарда уруу-урууга бөлүнүү, талапкерлердин жактоочуларынын жиктелүүсү жана үй-бүлөлүк добуш берүүлөр катталды. Айрым шайлоочулар элдин бөлүнүүсүн жоюу үчүн айыл өкмөт башчыларын дайындоону сунуш кылышса, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчилиги мындай ой менен макул эмес.

Облуста 69 айыл өкмөт башчы кызматы үчүн 221 талапкер мөөрөй талашты. Талапкерлер менен байкоочулардан азырынча шайлоо кодекси бузулгандыгы жөнүндө билдирүү же арыз-даттануулар түшө элек. Бирок айыл өкмөт шайлоосу жердешчиликти күчөтүп, айыл-кыштактарга бөлүнүүнү өркүндөтүп, уруу сүрүштүрүүнү жайылтты.

Демократияга жат мындай өнөкөттөн арылуу үчүн, “Эркиндик” партиясынын Ноокен районундагы мүчөсү Абдрахман Исаковдун пикири боюнча, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жетекчилеринин жогорудан дайындалганы дурусураак:

- Айыл башчыларын жогорку органдар комиссия түзүп, талапкерлерди өзү тандап, элге кызмат кыла турган, анын жөндөмүнө, адистигине, иш тажрыйбасына карап туруп жогору жактан дайындап койсо жакшы болмок. Уруу-уруу болуп жиктешүү болуп жатат. Аны эч кандай бир токтотууга мүмкүнчүлүк болбой калып жатат.

Шайлоонун айынан элеттиктердин өз ара ыркы кетүүдө. Жер-жерлерде айыл өкмөттүккө талапкерлердин таламын талашкан адамдардын кайым айтышып, кол көтөргөн учурлары да болду. Шайлоочу Өсөр Ажибеков ушундай окуялардын күбөсү:

- Айыл өкмөтүн шайлоодо кээ бир жерде түшүнбөстүктөр болуп, адамдар бири-бири менен ыркы кетип, урушканга чейин барып жатышат. Айыл өкмөтүн шайлоодо башкача, бөлөк жолдорду издеп табыш керек.

Алабука районундагы шайлоо участкаларында шайлоо комиссияларынын милдеттерин бөлүштүрүүчү чүчү кулак карматылбаган. Добуш берүү тынч өтүп жатканы менен Сузак районунда шайлоого жакшы даярдык көрүлгөн эмес. “Ырыс” айыл өкмөтүндөгү шайлоо комиссиясында үй-бүлөлүк добуш берүү катталып, эмгек китепчеси менен келген шайлоочуга да бюллетень берилген.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын облуста болгон президенти Эдил Байсалов жогоркудай мыйзам бузуулардын үстүнөн чыккан:

- “Ырыс” айыл өкмөтүнда жана бир канча шайлоо участокторунда шайлоо комиссияларынын даярдыгы анча жогорку деңгээлде эмес экен. Биз дагы күбө болдук. Бир шайлоочуга эмгек китепчеси менен бюллетень берилди. Ошол эле учурда дагы бир шайлоочуга эки бюллетень берилип жатты. Кээ бир учурларда процедуралык бузуулар болбосо андан тышкары чоң чыр-чатак деле жок.

Айрым саясатчылар айткандай, мындан ары айыл өкмөт башчы шайлоосун жоюп, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жетекчилери дайындоо жолу менен кызматка коюлса, демократия чектелет. Шайлоодогу жиктелүү демократия жайылган сайын азая берет. Коалициянын президенти Эдил Байсалов ушундай оюн ортого салды:

- Биз буга толугу менен макул эмеспиз. Анткени мурун деле дайындалып келгендерди көргөнбүз. Анда деле ушундай уруу-урууга бөлүнүү фактор роль ойногон. Анткени, аким же губернатор дайындайбы баары бир ошол бир уруунун өкүлүн дайындайт. Анда деле чыр-чатак болгон. Жашоо турмушубуз өнүккөндө өзүбүз көрөбүз, үйрөнөбүз, билебиз ошондуктан шайлоолор улана бериш керек. Эл шайлап алган өкүлдөн дайыма талап кыла алышы керек. Анткени шайланган адам дайыма эл үчүн кызмат өтөшү керек.

ЫСЫККӨЛДӨГҮ ШАЙЛОО

Рита Борбукеева, Каракол Ысыккөл облусунда кырк жети айыл өкмөтүндө жана бир шаарда анын башчылырын шайлоо өттү.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо үчүн облуста 152 шайлоо участогу иштеп, 47 айыл өкмөттүк орунга 222, Чолпоната шаар башчылыгына үч талапкер ат салышты. Облустук шайлоо комиссиясынын адиси Данияр Урмамбетовдун ырасташынча, айыл өкмөт башчылыгына көрсөтүлүп жаткан он төрт, шаар башчылыгына үч талапкер жарыштан өз каалоосу менен баш тартышкан.

Бул саясий өнөктүктө айрыкча көл жээкке жакын жайгашкан Ысыккөл районунун Караой, Тамчы айыл өкмөттөрүндө шайлоо курч мүнөздө өттү. Караойдо соттолгондор көрсөтүлүп жатат дешсе, Тамчыда административдик ресурстар колдонулуп жаткандыгына нааразыланган шайлоочулар болду дейт Кудайберген Күрөңов:

- Ошол талапкерди каттоодон тартып азыркы күндөгү шайлоого чейин аралыкта да чоң тоскоолдуктарды көрсөтүп жатышат. Мектепти эле алалы: мектепте болсо шайлоо комиссиясын бекитүүдө жалаң мектепте иштеген мугалимдерди бекиткенге аракет кылышкан.

Демилгелүү топтун сунушу менен көрсөтүлгөн талапкерге бийлик бут тозуп жаткандыгын билдирген Кудайберген Күрөңов шайлоо участкасынын мүчөлөрү да мыйзамсыз бекитилгендигин кошумчалайт.

- Айыл өкмөтүнө талакпер болгон райондук органдарга кызыкдар болуп турам. Тамчы орто мектебинде директор болуп иштеп кеткен. Ошон үчүн мурда кол алдында иштегендерди, жээк-жааттарын, башкаларды пайдаланганга аракет кылып жатат. Мунун өзү эле административдик ресурстун бир түрү. Комиссиянын тогуз мүчөсүнүн сегиз мүчөсү район тарабынан дайындалган. Мыйзамды бузуулар менен дайындалган булар.

Бирок бул айтылгандарды № 20 шайлоо участкасынын төрагасы негизсиз деп эсептеп, тогуз мүчөнүн үчөөсү гана мамлекеттик кызматкер деген.

Тамчы айыл өкмөтүнүн айрым тургундары ат салышкан беш талапкерге ишенич артпай тургандыгын белгилешип, көл жээктеги жер участокторун сатып жиберген мурдагы айыл өкмөтүнө эмдигиче чекит коюлбай келгендигине нааразыланды. Бул тууралуу Тамара Дүйшалиева менен Дүйшөкан Асенбаева мындай дейт:

- Мал багалы десек чөп айдай албайбыз. Жер айдаган жокпуз. Унду сатып алабыз. Кыскасы итке минип калдык. Тамчы айылында жашоо жок. Калптын баарын айтып жатышат. Балдарга жумуш жок. Ишенип өзүбүздүн талапкерге добуш бердик. Эми билбейбиз. Баари бир оңолбойт ко.

- Эми өзүнүн уятына карап элдин мүдөөсүн аткарат деген ойдобуз.

Ал эми жаш шайлоочулар болсо, убада бергендер айыл өкмөт болгондон кийин айткандарын аткарбаса, жерлерди басып алып, аларды кызматтан кетирээрин эскертет Тамчы айылынын тургуну Уланбек Касымов.

- Ыңкылап деген жакшы нерсе болбодубу. Шайланып алып, койгон талаптарды аткарбаса, эл көтөрүлүп иштебеген айыл өкмөтүн иштен алып таштайбыз.

ДОБУШ БЕРҮҮ УКУГУНАН АЖЫРАГАНДАР…

Кубанычбек Жолдошов, Ош Ош облусунда көптөгөн шайлоочулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын башчылыгына шайлоолорго паспортторунун жоктугунан улам добуш берүү укугунан пайдалана алышпай калгандыгына нааразылыгын билдиришти. Карасуу районуна караштуу Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн аймагындагы шайлоо участкасында мына ушуга байланышкан талаш-тартыштын айынан чатакташкан учурлар катталды.

Ош облустук шайлоо комиссиясынан алынган маалымат боюнча, облустун аймагында 77 айыл өкмөтүнүн жана эки райондук деңгээлдеги шаардын башчылыгына шайлоо болуп өттү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылыгына жалпысынан 332 талапкер ат салышты. Бир катар шайлоо участкаларында шайлоочулардын көпчүлүгү паспортторунун жоктугунан улам добуш берүү укугунан пайдалана алышпай калышты:

- Ушул жери чатак болду. Татыктуу адамды шайлайбыз деп келсек, паспортум жок мен шайлоого кире албай турам. Муну кантип айтсак болот. Биздин укугубуз тебеленип жатат. Паспортуң жок болсо эч жакка бара албайт экенсиң, - дейт Карасуу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүнүн тургуну Матлюба Касымова.

Мады айыл өкмөтүндөгү № 255 Октябрь участкасынын шайлоо комиссиясынын төрагасы Төракмат Мониев өлкөдө паспорттордун тартыштыгын эске алып, жеңилдетилген шарттар мыйзамда каралбагандыктан улам ондогон адамар добуш берүү укугунан пайдалана албай калгандыгын билдирди:

- Паспорт, аскердик билет, эмгек ардагерлердин китепчеси, айдоочунун күбөлүгү ушул документтерге гана уруксат берилген. Ушунун негизинде гана шайлоого киргизип жатабыз. Башка документтерге уруксат жок.

Баарынан кызыгы Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов бир катар шайлоо участкаларында паспорттун айынан добуш бере албай, чатак чыгарып турушкан шайлоочулардын талаптарынан кабары жок болуп чыкты. Амат Маматоморов облус боюнча шайлоочулардын добуш берүүсүндө паспорт маселеси өтө эле курч байкалган жок дейт:

- Паспорту жок болсо башка документтер менен кире берүүгө болот. Бизге андай маалыматтар түшкөн жок. Акташ айыл өкмөтүнөн айтылды, аскердик билет менен киргизбей жатат деген. Бирок аскердик билеттин эки түрү бар. Башка кайсы аскердик билет менен киргизбей жатканын мен биле албадым.

Ал эми Карасуу районуна караштуу Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Коммунист” шайлоо участкасында шайлоочулардын өздүгүн аныктоочу документтери менен добуш берүү маселесинде талаш чыгып, ал талаш чатакташууга чейин жеткен. Бул жөнүндө “Кыргызстан” элдик кыймылынан көз карандысыз байкоочу катары добуш берүүгө көзөмөл жүргүзүп турган Рахима Матраим кызы буларга токтолду:

- Ошол жердеги биздин элдик кыймылдын атынан жүргөн Төрөгелдиев Токтобай акенин округу мушташканга чейин барып, уруп койгон окшойт. Бул боюнча азыр милиция, керектүү адамдар келип, түшүнүк каттарын алып, мыйзамдын чегинде карап жатышат. Мен ушуга күбө болдум.

Ош облустук шайлоо комиссиясынан алынган маалыматка караганда, кечки саат төрткө карата атуулдардын шайлоого катышууга болгон деңгээли болгону 34 пайызды түздү. Жергиликтүү талдоочулардын баамында, көпчүлүк шайлоочулар өздүгүн аныктаган документтеринин төп келбегендигинен же болбосо жөн эле кайдыгерликтен улам добуш берүүгө барышкан эмес.

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ

Бул жума ичинде Казакстандын эл артисти Роза Рымбаева аталган мамлекеттин көз карандысыздык күнүнө карата Бишкектин тургундарына жеке концертин берди. Американын Борбор Азиядагы университетинде классик акын Алыкул Осмоновдун 90 жылдыгына арналган кече өттү. Жазуучулар союзу 70жылдык мааракесин белгиледи.

Аптанын дүйшөмбүсүндө Казакстандын көз карандысыздык күнүнө карата казак элчилигинин катышуусу менен мааракелик иш чара болуп өттү. Бул маданий иш чаранын алкагында Казакстан тууралуу тасма көрсөтүлүп, кыргыз жергесиндеги казактар туурасында көргөзмө уюштурулду. Андан соң филармониянын чоң залында майрамдык кече өттү. Анда Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Өмүрзак Өзүбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев жана “Алаш” бирикмесинин төрагасы Эркин Бөлөкбаев сөз сүйлөшүп, казактарды мааракеси менен куттукташты. Бул кече Казакстандын эл артисти Роза Рымбаеванын жеке концерти менен коштолду.

***

12-декабрь күнү кыргыздын классик акыны Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси өттү. Бул күнү бир катар окурмандар, маданият ишмерлери акындын үй музейине чогулушту. Ал эми 13-декабрда Американын Борбор Азиядагы университетинин жыйындар залында акындын 90 жылдык мааракесине арналган кече болуп өттү. Кечеде студенттер келген көрүүчүлөргө спектакль көрсөтүшүп, акындын ыр саптарынан окушту.

Американын Борбор Азиядагы университетинин студенттери тарабынан уюшулган бул кече туурасында кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов өз оюн мындайча билдирди:

- Мен бул кечени уюштурган студенттерге өтө ыраазымын. Мугалимдерге да ыраазычылык айтыш керек. Бир саат ичинде биз Алыкул менен жолугуп, сүйлөшкөндөй ырахат алдык.

***

2006-жылдын жаз айларынан баштап кинорежисер Актан Абдыкалыков “Жарык” аттуу тасмасын тартып баштайт. Бул туурасында режиссер бейшембиде «АКИпресс» агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бул долбоор Франциянын улуттук кинематографистер борбору тарабынан колдоого алынып, фильмди тартууга 120миң евро өлчөмүндөгү грант бөлүнгөн. Автордун айтымында, тасма өлкөнүн түштүгүндө тартылат. Фильмге профессионал актерлор эмес, карапайым эл тартылат. Тасма кыргыз тилинде болот.

***

Ишембиде Абдылас Малдыбаев атындагы опера балет театрында жазуучулар союзунун 70жылдык мааракеси белгиленди. Ага Орусия, Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжандан коноктор келишти. Кечеде жазуучулардын мааракеси менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Адахан Мадумаров куттуктап сөз сүйлөп, улуттук жазуучулар союзун колдоо иретинде өкмөттүн бюджетинен жыл сайын 20 миллион сом бөлүнө тургандыгын кабарлады.

Ал эми маданият министри Султан Раев эгерде ар бир жазуучуга 200 миң сомдон бөлүп берсек, анда жүз жазуучунун китеби чыгат деп билдирди:

- Жогоруда айтып өткөн маселени Бектемир Мурзаибраимов Жогорку Кеңешке сунуштап жатат. Ошол закон өтүп калса 20 миллион жыл сайын жазуучулар союзуна бөлүнүп турат. Эгерде ар бир жазуучуга 200 миң сомдон бөлүп, берсек анда 100жазуучунун китеби чыгат экен.

AЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫЛАРЫНА ШАЙЛОО ЖҮРҮҮДӨ

Кыргызстанда жекшембиде эртең мененки саат 8де жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айыл, поселек, район карамагындагы шаар башчыларын шайлоо үчүн добуш берүү башталды. Бул шайлоодо жалпысынан 1548 талапкер ат салышууда.

Өлкө башчысынын 17-октябрдагы жарлыгына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо 18-декабрга белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоо 369 айыл өкмөтүндө жана район карамагындагы 11 шаарда өткөрүлүүдө. Ага 1548 талапкер ат салышууда. Бул шайлоодо өткөн шайлоого салыштырмалуу саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлер 1,9 пайызга, аялдар 6 пайызга көп. Шайлоого бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын байкоочулары көз салышууда.

ГҮЛМАЙРАМ КЫРГЫЗДЫН ТАЛАНТТУУ ЫРЧЫСЫ

Түрмөктүн бул жолку жаңы саны кезегинде ырдаган ырлары, үнү, аткаруучулук чеберчилиги менен угуучулардын алкоолоруна ээ болгон Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, ырчы Гүлмайрам Момушеванын өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналат.

Ал көгүлтүр Көлдүн көкүрөгүндөгү Аксуунун Сарыкамыш айылында жарык дүйнөгө келген. Гүлмайрамдын тубаса ырчылык жаркын шыгы өткөн кылымдын 60-жылында жанып чыккан. Чыгармачылык тушоосу Кыргыз Улуттук Т.Сатылганов атындагы филармониянын сахнасында кесилет. Эч кандай музыкалык сабаты жок жаш ырчынын келечегин алдын-ала көрө билген, көптөгөн шайырлардын бактысын ыр дүйнөсүнөн ачкан маэстро Асанкан Жумакматов Гүлмайрамды үндөккө алат.

Ал ырчынын үнүнө төп келгендей элдик жана обончулардын, композиторлордун ырларын эл аспаптар оркестри үчүн иштеп чыгат. Жаш ырчынын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин коштоосунда ырдап чыккан алгачкы ырларынын бири – композитор Эсенбек Мааданбековдун “Балама” аттуу ыры болот. Ырчы бал татыган балдыр тилдүү ар бир ата-эненин көңүл ачары, жарпын жазары, картайганда арка-бел болорун бала жөнүндөгү ырды өткөрө эргүү менен мээримдүү, кеңпейилдүү, кутмандуу эненин наристеге болгон тунук сүйүүсүн көз алдыңа элестете ырдайт.

Гүлмайрам алгачкы жолу сахнага ырдап чыккан “Балама” аттуу ырдан тартып, чыгармачылык изденүүнүн айкын сапарына чыгат. Маэстро Асанкан Жумакматов болсо жаш ырчы үчүн композитор Ж.Шералиевдин, А.Малдыбаевдин, белгилүү обончулардын жана орус, казак, өзбек ырларынын кооз үлгүлөрүнөн биринен сала бирин иштеп чыгат. Момушеванын аткаруусундагы Ж.Шералиевдин “Кыштак четинде”, Ү.Сыдыковдун “Күн чыгышым”, Е.Родигиндин “Уралдын ыргайы”, К.Тагаевдин “Атбашым” аттуу жана башка ондогон ырлары угуучулардын жүрөктөрүнөн түнөк табат. Ал ар бир ырды ар бир угуучу терең ыракаттануу, өзгөчө асылдануу менен кабыл алгандай Гүлмайрамдын бөтөнчө аваздык боектордо, көп түстүү көркөмдүүлүктө ырдайт.
1985-жылы атагы кыргыз эле эмес, КМШ жана чет өлкөлөрдүн угуучуларына белгилүү боло баштаган Момушова күтүүсүз жерден концертке жыттанып “ичип келген” деген айып менен иштен чыгарылат. Ошол күндөн Гүлмайрам жашоонун бирде бар, бирде жок ар кандай татаал тагдырларына кептелет. Өмүрлүк жолдошунан айрылат. Үч баласын бутуна тургузуш үчүн кара жанын карч ура эмгектенет. Үстүбүздөгү жылы Гүлмайрамдын сахнада (филармониядан) кеткенине 20 жыл болуптур.

Бул жылдардын аралыгында ырчынын эмне кылып, эмне иштеп, кандай акыбалда жашап жатканына филармониянын жетекчилиги деле кызыкпаптыр. Жакында көп жылдардан бери Гүлмайрамдын ырчылыгына таазим этип, башын ийип, ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, күлсө кошо күлүп, кайгырса кайгысын кошо кайгырышып жүргөн жан курбусу, Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясынын режиссеру Рабиха Алыбаеванын демилгеси, уюштуруусу менен Момушованын Улуттук филармониянын залында “Сагындым балалыгымды” аттуу концерти өттү. Концерттин уюштуруучусу, режиссер Рабиха айым:

- Мен Гүлмайрам алгачкы жолу сахнага ырдап чыккан күндөн берки күйөрманымын. Ар дайым анын табыйгат берген талантына таазим этип, башымды ийип келем. Бир эле мезгилде Гүлмайрамды режиссер катары тасмага тартып, гезит беттерине жазып, калкка тартуулап жүрөм. Мени өзгөчө ырчылык бүгүнкү “Өйдө тартса өгүз, ылдый тартса араба сынган” замандагы жашоо турмушу өтө кейитет. Бир эле мезгилде мени Гүлмайрамдын баягыдай эле үнүнүн өчпөй шаңкылдап турганы кубантат. Мен 20 жылдан бери көз жаздымда калган Гүлмайрамды эл алдына алып чыксам деген тилек менен концертин уюштурдум. Концерттин негизги максаты баягы мурунку Гүлмайрадын күйөрмандары менен кайрадан жолугуштуруу, кайрадан тааныштыруу. Көрүүчүлөр, угуучулар кандай кабыл алат. Ал өзүнчө сырдуу табышмак. Концертти өткөрүүдө филармониянын директору Керим Турапов баарын бекер уюштурду Кыргыз телерадио корпорациясынын жетекчилери да Гүлмайрамдын концертинин рекламасын бекер жасап берди. Гүлмайрамдын таланты өчпөс, өлбөс талант. Бакен Кыдыкеева, Т.Турсунбаевадай эле Гүлмайрам да өзүнчө чоң талант. Ошондуктан ырчыда болгон жакшы нерселерди алып калышыбыз керек - дейт Алыбаева.

Гүлмайрам концертте өзүн калкка ырчы катары таанытып, атагын алыска чыгарган обончулардын ырларынан аткарды. Айрыкча ал Калыйбек Тагаевдин “Атбашым” аттуу ырын күлгүн курак кезиндегидей жалбыртай жана жаштыгын эстей ырдады.

«26 ЖЫЛ БОЮ ЧАЧЫЛГАН ТАРУУНУ БИРДЕН ТЕРИП…»

«Бакай» корпорациясынын жетекчиси Мухаммед Ибрагимов 26 жыл бою чачылган тарууну бирден терип чогултуп, түйшүктүү ишке баш байлаган. Анын акыбети катары 10 551 кыргыздын макал-ылакап, учкул сөздөрүнөн турган китепти калкына тартуу кылды. 17-декабрда жаңы эмгектин бетачар аземи болуп өттү.

Мухмаммед Ибрагимов кыргызстандыктарга ириде чоң өндүрүшчү, жаңы заман тушунда ири ишкер катары белгилүү инсан. Бирок да анын улуу ишке бел байлап, сөз жыйнап, сөздүк чогултуп жүргөнүн көпчүлүк 10 миң ашуун сөз берметин камтыган «Кыргыз макал-ылакап, учкул сөздөрү» китеби чыккандан кийин билип отурат. Эмгектин ээси бул ишти атасы баштап, а кишинин көзү өткөндөн кийин өз колуна өткөнүн айтат.

- Биз жаш кезде атам көп жакшы сөздөрдү айтар эле. Өзү а киши эрикпей сөз чогулткан, макал-лакаптарды чогулткан. Кайтыш болордо мага насыят калтырган: «Балам, ушул иштерди бүтүргүн», деген. Мына 25 жыл ашуун ушул ишти аркалап келдим. Китептерден, гезиттерден чогултуп, радиодон угуп, элди аралаганда да уккан сөздөрдү жыйнап жүрдүм. Мына 10 миң ашуун макал-ылакаптарды, учкул сөздөрдү жыйнап өзүнчө китеп кылып чыгардым. Биздин элибиз сөзгө, учкул сөзгө абдан бай. Мына мен жакында кызыгып салыштырып көрдүм, казактар менен орустарда 2 миң, 3 миң пословица-поговоркалар – макал-ылакаптар бар экен. А бизде болсо 10 миңден ашуун.

Жаңы китептин маани-жайы, илимий баалуулугу тууралуу пикирин сурап белгилүү окумуштуу Кадыралы Конкобаевди сөзгө тарттык.

- Кыргыз элинин кылымдар бою топтогон акыл философиясы – 10551 макал-ылакап ушул китепте топтолгон. Менин билгениме караганда, буга чейин мынчалык көлөмдөгү кыргыздын макал-ылакабы топтолгон эмес. Минтип бир китептин ичинде чыккан да эмес.

Макал-ылакап, учкул сөздөр ириде кыргыз философиясын, дүйнө таанымын ачык-айкын көрсөтчү баалуу булак экенин белгилүү мударис, социолог Кусейин Исаев да белгиледи.

- Макал-ылакап деген – бул кыргыздын философиясы, акылдын симфониясы. Бул акылдын каймагы. Белек Солтоноев кыргыздын чоң тарыхчысы. Касым Тыныстанов. Үсөнбек Асаналиев кыргыз элинин макал-ылакаптары, чыгыш элдеринин учкул сөздөрү тууралуу эмгек жазган. Шаршен Усупбеков, Жумаш Койчумановдун китебинде, Константин Юдахиндин сөздүгүндө 2 миң 200 макал-ылакап болсо бул жерде 10 500 макал-ылакап, учкул сөз топтолуп жатат. Бул жагынан ал биринчи. М.Ибрагимовдун иши – тарыхый чоң иш.

Философия илим доктору, профессор Аскар Бекбоев М.Ибрагимовдун эмгеги окурмандардын колунан түшпөс китебине айланат деген пикирде.

- Бул эми биздин рухий турмушубуздагы жакшы көрүнүш десек болот. Макал-ылакап турмушту жалпылаган, жашоону жалпылаган акыл парасат сөз экенин билебиз. Тарыхты, турмушту, адамды, коомду жалпылаган макал-ылакаптардын философия үчүн да өтө зор мааниси бар.

Тилчи-илимпоз Сагаалы Сыдыков көөнө түрк жазууларын, кыргыз тилинин чыгышын кыйла жылдардан бери иликтеп келатат. Анын ырасташынча, жаңы китеп кыргыз тилинин сөз байлыгынын канчалык кенендигин ачык көрсөтчү эмгек.

- Түрк элдеринин ичинде кыргыздар макал-ылакаптардын көптүгү, уйкаштырып сүйлөгөнү боюнча өзгөчө айырмаланып турат. Бул китепте болсо кыргыз элинин философиясы, экономикасы, тарбиялык мааниси бар сөздөр топтолгон. Ошону жыйнап, китеп кылып чыгарганы үчүн бул кишиге чоң ырахмат айтышыбыз зарыл.

Ташка тамга баскандай таамай айтылган учкул сөздөр, макал-ылакаптар муундан-муунга жашап келген. Алардын кыйласы К.Юдахиндин сөздүгүндө, Ж.Мукамбаевдин диалектилик сөздүгүндө, биртоп окумуштуулардын эмгектеринде келтирилип, илимий жактан сыпатталып келген. Бирок да М.Ибрагимовдун сөздүгү алардын баарынан көлөмүнүн чоңдугу, макал-ылакаптарды кыйла толугураак камтыганы менен өзгөчөлөнөрү китептин бетачар аземинде белгиленди.

КЫСКАРТУУ ОБЛУСТАН БАШТАЛДЫ

Кубанычбек Жолдошев, Ош Президент Курманбек Бакиевдин мамлекеттик бийлик органдарын ыңгайлаштыруу боюнча жарлыгына ылайык Ош облусунда 16 аймактык мекеме жоюлду. Ош облусунун губернатору жогоруда аталган мекемелердин жоюлушу менен бир жарым миллион сомду үнөмдөөгө жетишилгендигин билдирди. Ал эми кыскарууга туш болгон мекемелердин бири Ош облусук билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери чыгарылган чечимге карата нааразылыгын билдиришти.

Президент Бакиевдин мамлекеттик кызматты ыңгайлаштыруу боюнча жарлыгынын негизинде облустук агрардык өнүктүрүү департаменти, ветеринардык башкармалык, кесиптик-техникалык билим берүү борбору жана облустук билим берүү башкармалыгы сыяктуу 16 мамлекеттик мекеме жоюлду. Ош облусунун губернатору Адам Закиров мындай чаралар биринчи кезекте мамлекеттин акча каражатын үнөмдөө максатында жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди:

- Ийкемдүү мамлекеттик ишканалар болуш керек. Oшол себептен жарлык менен Ош облусунда 16 ишкана кыскартылып жатат. Аны менен бирге 101 адам, 9 мамлекеттик кызматтык кызмат кыскарылат. Бул кыскаруудан түшкөн пайда орточо эсеп менен бир жарым миллион сом болот.

Губернатор Адам Закиров өкмөттүк казынанын мамлекеттик кызматкерлерди кармоого кетирүүчү чыгымдарын азайтуу үчүн бир катар облустук жана райондук деңгээлдеги жетекчи кызматтары да кыскартылгандыгын кабарлады:

- Ош облусунда губернатордун 4 орун басары бар эле, азыр үчөө гана калып атат. Ошондой эле кыскаруу райондук деңгээлде болуп, азыр бардык райондордо акимдин орунбасарлары экиден ашпайт. Бул үнөмдөлгөн каражат бүгүнкү талапка жооп бере турган демократиялык мекеме-ишканалардын ишин оңдой турган багыттарга жиберилмекчи.

Анткен менен жоюулууга туш болгон аймактык мекемелердин айрымдары мамлекеттик органдардын кээ бирөөлөрүн кыскартуу боюнча комиссиянын чечимине макул эмес экендиктерин билдиришти. Ош облустук билим берүү башкармалыгынын бир катар кызматкерлери аталган мекемени жоюу боюнча чечимди жаңылыштык катары баалап жатышат:

- Анын кесепети, албетте, билим берүү тармагында оболустук деңгээлде көп иштер аткарылбай калат. Ошондуктан билим берүү тармак сапаттык жактан аксайт деп ойлом. Анткени буга чейин практикаланган, 2000-жылы жоюлганда билим берүү тармагында көп аксоолор болгон – деген пикирин билдирди Ош облусунун билим берүү башкармалыгынын жооптуу кызматкери Гүлмира Турдубаева.

Ош облусук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Дастан Хаджаев кыскарууга туш болгон мекемелер баланстагы мүлктөрүн жаңы жылга чейин тапшырышы керек экендигин билдирди.

МАМЛЕКЕТТИК МААЛЫМДОО КАРАЖАТТАРЫ ЭМИ КАНТЕТ?

Март окуясынан кийин өлкөдөгү орчундуу деп саналган маселелердин бири бул мамлекеттик айрым маалымдоо каражаттарын өз алдынчалуулыкка өткөрүү болуп келди. Бул багытта мамлекет башчысы атайын жарлыгы чыгып, өкмөттүк, облустук мамлекеттик гезиттерди акциялаштырууга жол ачылды. Бирок айрым жергиликтүү басылмалардын жана бийликтин жетекчилери бул оор маселе экендигин белгилешип, эркин болгон күндө дагы мамлекеттин саясаты менен эсептешүү керек деген көз карашта кала беришүүдө.

Нарын облусунда жергиликтүү бюджеттен каржыланган облустук бир, райондук төрт гезит бар. бирок Нарын райондук “Жибек жолу” гезити каржылоого байланыштуу бир жылдан бери чыкпай калса, Кочкор районунун “Эмгек туусу” гезити ар жума сайын чыгат. “Эмгек туусу” гезитинин редактору Курманбек Жумагазиев мамлекеттик жалпы маалымдоо каражаттарын реформалоого даяр экендигин мындайча түшүндүрөт:

- Биз даярбыз. Анткени биз элди, айыл өкмөттөрүн гезитке жазылуусун көндүрүп алганбыз. Бул күндө биздин ар бир гезитибиздин жылдык баасы 2 миң сом. Ушул күндө 1700 нуска менен чыгат. Эгер эркин гезит болуп калсак, 1300 нуска менен чыгып, ошол жерде чыгармачыл 4 киши иштейбиз, аларды айлык менен багып, калганын типографияга которуп берип жаныбызды сактасак болот.

- Азыр администрация күч менен жаздырып жардам берүүдө, эгер эртеңки күнү өз алдынча болгондо, эл жазылбай койсо кандай болот?

- Администрация ага көңүл бурбайт. Бирок биз элди көндүргөнбүз, чуркайбыз, ар бир мекемеге киребиз. “Эмгек туусу” 70 жылдан бери чыгып келатат, эл кадырлайт, баалайт, ошондуктан чыгып кетет деп ишенем, – деген Курманбек Жумагазиевге Атбашы райондук коомдук-саясий “Кошой ордо” гезитинин редактору Тынчтык Султанов кошулат:

- Реформа болгонун мен колдойм. Гезиттин баары бирөөнүн көзүн карап, заказ менен иштебеш керек .

Тынчтык Султанов гезит өзүн-өзү каржылап жана демөөрчүсү да бар экенин жашырган жок:

- Биздин райондук “Кошой ордо” газетасы 2003-жылдын апрель айынан бери чыгып келатат. Бул газета ушул күнгө чейин мамлекеттен бир тыйын албай өзүн- өзү каржылап келатат. Өткөн жылдан бери “Дордой” ассоциациясы демөөрчү катары каржылап келатат.

Ал эми облустук “Теңир тоо” гезитинин башкы редкатору Таалайбек Дүйшөналиев гезит эркин болгон күндө дагы мамлекеттин саясаты менен эсептешүү керек деп санайт:

- Райондук, облустук гезиттер мамлекеттен ажырагандан кийин жашап кетеби, жашап кетпейби деген маселе туулуп атат. Ар кимдин аракетине жараша болот. Андан кийинки акыбал ошол гезиттин чыгармачылык жамаатынын аракетине байланыштуу болот. Эркин гезит болгон күндө дагы коомдук пикир, элдин көз карашы менен, мамлекеттин саясаты менен эсептешиши керек.

Облус губернаторунун милдетин аткаруучу Жыргалбек Азыловдун пикиринде мамлекет болгондон кийин мамлекеттик идеологияны колдогон гезит болушу абзел:

- Бул оор маселе. Массалык маалымат каражаттарынын баары тең көз карандысыз болсун деген бул утопия. Мамлекет болгондон кийин мамлекеттин идеологиясын колдой турган тармак болуш керек. Oшондуктан теле да, мамлекеттик гезит да болуш керек деп эсептейм.

Ал эми губернатордун маалымат катчысы Айсалкын Карасартова айрым мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоо жөнүндөгү президенттин жарлыгы боюнча азырынча маалымат берүү эрте экендигин айтат.

АТУУЛДУК КООМДУН СУНУШУ

Азиза Турдуева, Бишкек 17-декабрда президент Курманбек Бакиев саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын, маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, анда Башмыйзамдын долбоорундагы айрым маселелер талкууланды. Атуулдук коом өкүлдөрү март ыңклабы кайталанбашы үчүн өлкөнүн башкаруу системасын өзгөртүү керек деген көз карашын билдиришти.

Жолугушууда президент Курманбек Бакиев сөз сүйлөп, буга чейин Башмыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча долбоорду шашылыш түрдө талкуулап, референдумга алып чыгуу кандай терс көрүнүштөргө алып келгендигине токтолду. Мамлекет башчы Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча долбоорлорду талкуулоо мөөнөтүн узартуунун зарылдыгы жөнүндө:

- Башмыйзамдын жаңы долбоору шашылыш түрдө кабыл алынбашы керек. Анын долбоорундагы ар бир беренеси парламентте талкууланууга тийиш. Бул иште шашылуунун кереги жок. Жаңы жылдан кийин Конституциялык кеңешмеде, парламентте, коомчулукта талкуулоо улантылат.

Президенттин пикиринде, баш мыйзамга кандай өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүнү аныктап алуу үчүн адегенде мамлекеттик башкаруу системасы боюнча бир жактуу пикирге келүү керек.

Жолугушуунун катышуучулары да Башмыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча ой-пикирлерин ортого салышты.

«Интербилим» коомдук уюмунун төрайымы Асия Сасыкбаева
24-мартта элдин ыңклапка чыккандыгынын башкы себеби демократиялык жараяндарды камсыз кыла албаган мамлекеттик системага байланыштуу болгондугун белгиледи:

24-мартта эл аянтка эски режимге каршылыгын билдирип чыкты. Биздин пикирде, бул экс-президент Аскар Акаев туура башкарбагандыгына гана эмес, буга чейинки системадагы кемчиликтерге да байланыштуу болду , - деген Асия Сасыкбаева президенттен Башмыйзамда башка өзгөртүүлөр менен бирге сот системасындагы көз карандысыздыкты да камсыз кылууга көңүл бурууну өтүндү.

Ал эми «Эларалык толеранттуулук үчүн» бейөкмөт уюумунун төрайымы Рая Кадырова болсо, бейөкмөт уюмдар да Конституциянын долбоорун талкуулоону узартуу керек деген пикирде экендигин айтып, бирок, март айынан ары талкууну узартуу максатка ылайык эмес деп кошумчалады. Ал эми өлкөнүн саясий системасына байланыштуу Рая Кадарова:

- Биздин пикирде, президент жана парламент мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек. Бирок, Коснтитуцияда 2010-жылдан баштап парламенттик башкарууга өтүү белгилениши зарыл. Ал эми кийинки жылдын орто ченине чейин парламентке пропорционалдык система менен дагы 30 адам кошумча шайланууга тийиш , -деп айтты Рая Кадырова.

Жыйынга катышкан бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү ошондой эле март окуясы кайрадан кайталанбашы үчүн мамлекеттик системаны өзгөртүү керек деген көз караштарын айтышты. Алар Башмыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча долбоорду референдумда эмес, парламенттин ачык жыйынында кабыл алынышы керек деген пикирлерге да кошулушаарын билдиришти.

Жыйынга катышкан бир катар саясий партиялардын, алардын ичинде «Арнамыс», «Атамекен» социалисттик, «Менин өлкөм» жана башка партиялардын өкүлдөрү да Кыргызстанда келечекте парламенттик башкаруу болушу керек деген пикирин ортого салышты.

«Менин өлкөм» партиясынын лидери Жоомарт Оторбаев учурда Кыргызстанда партияларды өнүктүрүү үчүн институционалдык негиздери жоктугун белгилеп, өлкөнүн башкаруу системасын өзгөртүү боюнча:

-Биздин партия саясий системаны реформалоо керек деп эсептейт. Парламентте саясий партиялардын ролун жогорулатуу бүгүнку кундүн талабы. Парламенттик башкарууга биз эң ириде парламенттин жоопкерчилигин күчөтүү үчүн өтүшүбүз керек. Бизде элдин жашоо-турмушун жакшыртуу боюнча конкреттүү иштерди жүргүзгөн бир орган болушу керек .

«Арнамыс» партиясынын жетекчилеринин бири Эмил Алиев 24-марттагы ыңкылап 2003-жылы Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолордун киргизилиши референдлум аркылуу бурмалоо жолдору менен өткөрүлүшүнүн натыйжасы болгондугуна токтолду. Ал эми өлкөнүн келечектеги башкаруу системасы жөнүндө:

- Мен парламенттик республиканын тарапкеримин. Биз 2000-жылы эле, «Арнамыс» партиясынын биринчи курултайында парламенттик республикага өтүүгө аракет кылабыз деген чечим кабыл алганбыз. Азыр эми көпчүлүк ошондой ойдо болуп жатат. Азыр коом өзгөрүп жатат, көпчүлүк парламенттик республика болушу керек дей баштады. Бул туруктуу система , - дейт Эмил Алиев.

Ал эми «Республика» гезитинин саясий баяндамачысы Алымбек Биялинов болсо, Конституцияда экономикалык маселелерге байланыштуу өзгөрүүлөргө да көңүл бурулушу абзел деген оюн айтты.

«Алмаз» радиосунун директору Рустам Кошмуратов болсо, март ыңкылабынан кийин да маалымат каражаттарына бийлик тарабынан кысым жасалып жатат деп белгиледи:

- Биздин Конституцияда дайым эле маалымат кражаттарынын эркиндиги, цензурага жол бербөө жөнүндө айтылат. Бирок, март окуяларынан кийин деле маалымдоо каражаттарына кысым көрсөтүлүп келет , -

деген Рустам Кошмуратов учурда 30 телерадиокампания эфирге чыгууга толкун алуу үчүн кезекте тургандыгын белгилеп өттү. Анын көз карашында өлкөдө атуулдардын маалымат алууга болгон конституциялык укуктары чектелип келет.

Ал эми президент бүгүнкү күндө КМШ өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстандагыдай маалымат каражаттарындагы эркиндик жокко эсе деген оюн билдирди.

Жолугушууда саясий партиялар жана оппозиция жөнүндөгү мыйзамдар кабыл алынышы керек деген пикирлер да айтылды.

Жыйындын соңунда, президент парламенттик башкарууга өтүүгө каршы эместиги жана партияларды өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгиледи:

-Мен парламенттик башкарууга, президенттик-парламенттик башкарууга да каршы эмесмин. Мен эл кайсы башкаруу үчүн болсо, ошол башкарууну туура дейм. Ал эми партияларга байланыштуу биз партиялардын ролун күчөтүүгө милдеттүүбүз. Мен партиялык органдардын, Кыргызстандагы партиялардын ролун жогорулатуу керек деп эсептейм , – деди президент Бакиев.

«БИТЕЛДИН» ЧЫРЫНА БИЙЛИКТИН ЭМНЕ ТИЕШЕСИ БАР?

Шайырбек Эркин уулу Кыргызстандын аймагында бейшембиде түштөн кийин үзүлгөн «Бител» компаниясы жабдыган уюлдук телефон байланышы ушул эле күнү кечки саат он бирлер чамасында калыбына келтирилди. Байланыш аталган компания соттун чечимине ылайык жаңы кожоюнга өтүп жаткан учурда үзүлгөн эле. 16-декабрда Бителдин жаңы жетекчиси менен компаниянын жаңы кожоюну «Резервспецмет» жабык акционердик коомунун юристи маалымат жыйынын өткөрүп, баары мыйзам чегинде болгонун, «Бителде» иш калыбына келтирилгенин билдиришти. Ал эми «Бителдин» мурдагы ээси МТС жана «Альянс Капитал» компаниясынын өкүлү «Резервспецметтин» аракеттерин мыйзамсыз деп эсептээрин, МТС эл аралык сотко кайрылаарын билдирди.

15-декабрда Жогорку сот Бишкек райондор аралык сотунунун «Бител» компаниясынын толугу менен «Феловес» компаниясынын менчиги катары таануу чечимин күчүндө калтырган. «Феловестен» ээлик кылуу укугун өткөрүп алган « Резервспецмет» компаниясынын өкүлдөрү ушул эле күнү түштөн кийин «Бителдин» имаратын ээлеп алууга киришип, имаратты милиция курчоого алган.

«Резервспецметтин» юристи Гүлнара Каликова 16-декабрдагы маалымат жыйынында эч кандай басып алуу болбогонун, баары мыйзам чегинде болгонун билдирди:

- «Бителдин» имаратын күч менен басып алуу болгон эмес. Болгону соттун чечимин аткаруу болуп, баары мыйзам чегинде жүргүзүлдү. Биз соттук бардык инстанцияларынан өттүк. Ал эми сот аткаруучулар бул ишти аткарууда мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылуу үчүн милицияга кайрылган. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу болгон жок.


Маалымат жыйынында «Резервспецмет» «Бителдин» жалпы наркы 22, 5 миллион доллрага бааланган акциялары учун акыркы төлөмдөрдү да ишке ашырганы, учурда 20 миллион доллардан ашуун каражат Бителдин мурдагы кожоюндары – үч оффшордук компанияга өткөрүп берүү үчүн Сот департаментинин эсебине түшкөнү да айтылды.

«Бителдин» жаңы жетекчиси Денис Шершнев мындан ары биринчи кезекте байланыштын сапатын жакшыртууга аракет көрүлөөрүн билдирди:

- Биринчи кезекте байланыштын сапатын жакшыртуу аракетин көрөбүз. Анткени, бул жаатта учурда көйгөйлөр арбын экен. Башкасын айтпаганда да, көпчүлүк учурда «Бителдин» кызматынан пайдалангандар телефон чала албай кыйналышып, «канал бош эмес» деген жоопту угушат. Кыскасы биз абоненттерибиз үчүн «Бителдин» кызматынан пайдалануу мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана көңүлдүү болушуна аракет кылабыз.

Маалымат жыйынында «Резервспецмет» орусиялык инвесторго тиешелүү экени, бирок анын ээси азырынча айтылбастыгы да белгиленди.

Ошол эле учурда «Бителдин» мурдагы ээси МТС жана Альянс Капитал компанияларынын өкүлдөрү «Резервспецметтин» аракеттерин мыйзамсыз деп эсептешүүдө. Бул тууралуу аталган компаниянын өкүлү Эрканат Абени булрага токтолду:

- Биз «Резервспецметтин» кечеги аракеттерин укуктук чектен чыгуу катары баалайбыз. Сот чечими акыйкат болгон жок. Биз жогорку сотко бул ишти кайра кароо туралуу арыз менен кайрылуу ниетибиз бар. МТС мындан сырткары Англиядагы эл аралык сотторго да кайрылат. Анткени келишимге ылайык бул маселелердин баары Англиядагы соттор аркылуу чечилиши керек.


Коомчулукта бул окуянын артында жогорку даражадагы бийлик өкүлдөрү турат деген пикирлер да жок эмес. Ал эми мындай божомолду президенттин маалымат кызматы дароо четке какты.

Жогорку Кенештин депутаты Кабай Карабеков болсо «Бителге» байланышкан окуяны ыңкылаптан кийинки менчик талаштын уландысы катары баалайт:

- 24-марттан кийин башталган менчик бөлүштүрүү уланууда. Каракече көмүр кенин басып алышты, базарларды бөлүп атышат, анан телеканалдарга өттү, эми «Бителге» келишти. Бул окуяларда милиция аралашып жатканы бийликтин тиешеси бар экенинен кабар берет.


Ал эми МТСтин президенти Василий Сидоров бейшембиде «Бителге» байланышкан жагдайды президент Курманбек Бакиев жана өкмөт башчы Феликс Кулов менен талкуулаганын ушул эле күнү кечинде маалымат жыйынында кабарлады. Ал «Президент Бакиев менин түшүнүгүмдө мен айткан жагдайга абдан таң калды. Мен мындай жагдайда иштин маани маңызы териштирилет деген ишенимде болдум», - деп айтты Сидоров. Ал мындан сырткары бул ишке бийликтин ортоңку катмарындагы чиновниктердин тиешеси бар деп эсептээрин да билдирди.

КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАНЫН ТАГДЫРЫ ТАЛАШКА ТҮШТҮ

Жогорку Кеңеш Конституциялык реформага байланышкан күн тартибиндеги маселени жума күнү талкуулабай калды. Бул сессияда кворумдун жоктугу менен түшүндүрүлүп, маселеге келерки дүйшөмбүдө кайрылуу чечими кабыл алынды. Бирок, айрым саясатчылар депутаттардын мындай жайбаракаттыгын реформаны болтурбоону каалаган ак үйдүн саясатына кылчактоо катары сыпаттап жатышат.

Президент Курманбек Бакиев Конституциялык реформага байланыштуу акыркы мезгилде өткөн бир катар жолугушууларда мамлекетти башкаруунун президенттик-парламенттик формасы менен 2010-жылга чейин жашоону жактаарын билдирүүдө. Муну мамлекет башчысы өлкө азыр парламенттик башкарууга даяр эместиги менен түшүндүрүүдө. Реформачыл саясатчылар болсо толук кандуу реформа жүргүзмөйүнчө эски системадан тазалануу мүмкүн эмес дешип, Конституциялык реформаны дароо аягына чыгаруу, парламенттик башкарууга өтүү демилгесин көтөрүп жатышат. Ушул максатта буга чейин «Кыргызстан» биримдигинин атынан «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева, «Асаба» саясий партиясынын төрагасы, депутат Азимбек Бекназаров жана «Демократиялык күчтөр биримдиги» саясий партиясынын атынан анын төрагасы, депутат Кубатбек Байболов Конституциянын эки жаңы долбоорун иштеп чыгышкан. Буга чейин бир нече жолку макулдашууларга ылайык парламент Конституциялык реформага байланышкан ушул жана башка маселелердин айланасында сөз кылмак.
Бирок, депутаттар маселеге жайбаракат мамиле жасап жатат деген байкоочулардын көз караштарына караганда, кворумду шылтоо деп баалашты. Өз долбоорун жарыялоо ою бар депутат Кубатбек Байболов муну бийликтин эски ыкманы пайдаланып жатышы менен байланыштырды:

- Кылчактоонун себеби - баягы эле акүйдүн телефон аркылуу иштемейи. Азыр эми эч кандай реформанын кереги жок деген саясат короо шыпыргычтардан баштап мамлекеттик кызматкерлерге чейин иш жүрүп атпайбы. Ал түгүл домкомдор (турак жай комитеттери – авт.) 25 миңге чейин кол чогултуп ийишиптир дейт. Баягы эле схемалар. Бечара карапайым элдин башын айландырып эле кол чогултуп, кат жөнөтмөй.

Президенттин жардыгы боюнча Конституцияга өзгөртүү, толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоо 15-декабрда аяктамак. Бирок, Конституциялык кеңешме талкуунун токтотулгандыгын же узартылгандыгын тастыктаган жарыясын айта элек. Кээ бир саясатчылар муну президент бир чечимге келе албай жатат деп болжошууда. Бул аралыкта президентке талкуунун мөөнөтүн узартуу сунуштары арбын болуп жаткандыгы кабарланды. Мындай сунуш менен кол топтоп кайрылгандардын катарына жаштардын жарандык коомун, «Эркиндик» саясий партиясын кошууга болот. Буга чейинки жолугушууларда айткандарына караганда, президент өзү конституциялык реформаны 2009-жылы баштоону ылайык көрүп турат.
Анткен менен таасирдүү саясатчылар Конституциялык реформаны кийинкиге жылдыруу азыркы бийликтин олуттуу катачылыгы дешет. Маселен, «Асаба» саясий партиясынын башчысы Азимбек Бекназаров революциянын экинчи этабын ишке ашырууга, башкаруу формасын өзгөртүүгө ынтызар.

Ал эми башкы прокурор Камбаралы Конгантиев азыр мамлекеттин президенттик-парламенттик башкарууда болушун жактап, Конституциянын азыркы турушунда иштешин каалайт:

- Элдин эң кымбат укугу бар. Ал кайсы укук? Ал президентти эл шайлашы керек деген. Парламенттик республика болсо президентти депутаттар шайлап калат.

Депутат Байболовдун долбоорунда конституциялык реформаны дароо ишке ашырып, бирок, парламенттик республикага 2010-жылы өтүү каралган.
Саясатчынын көз карашында мурдагы бийлик түзүп берген система менен жашоону улантуу чоң кризиске алып келет:

- Эгер ушул укуктук мейкиндикте кала турган болсок, менин оюмча, ары жагы бир жарым жыл, бери жагы бир жыл ичинде марттагыдан да чоң кризиске дуушар болушубуз мүмкүн.

Ал эми Искак Масалиев, Марат Султанов өңдүү депутаттар чыр-чатактарга жол бербеш үчүн ар кандай саясий күчтөр тирешүүлөрдү токтотуп, маселени компромисс жолу менен чечүү керек экендигин айтып жатышат. Конституциялык реформанын мындан аркы жагдайын конституциялык кеңешме 21-декабрда аныктоону максат кылууда. Конституциялык кеңешменин курамында ар кандай саясий күчтөрдөн куралган 300дөн ашык мүчө бар. Мындай курам бир пикирге келе албайт деп эсептеген байкоочулар маселе президенттин каалоосуна жараша чечилерин болжоп жатышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG