Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 20:47

Кыргызстан

РЫСБЕК АКМАТБАЕВ АГА КОЮЛГАН КҮНӨӨЛӨРДҮ ЧЕТКЕ КАКТЫ

Оор кылмыш жасагандыгынан шектелген кыргызстандык 9 атуулдун ишин кароо 23-декабрда 1-май райондук сотунда улантылды. Рысбек Акматбаев баштаган бул топ үч адамды өлтүрдү жана бир адамдын өмүрүнө кол салды деп шектелүүдө. Бул күнкү сот отурумунда айыпталуучуларды суроо башталды.

Бул күнү сот отуруму ишин айыпталып жаткандарды суроодон баштады. Адегенде кылмыш дүйнөсүндө белгилүү адам саналган Рысбек Акматбаев соттун, адвокаттардын жана жабырлануучулардын суроолоруна жооп берди.
Рысбек Акматбаев баштаган топ Ички иштер министрлигинин кызматтык кылмыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Чыныбек Алиевди, кылмыш дүйнөсүнүн барктуу адамы саналган Азиз Батукаевдин күйөө баласы Хаважи Заурбековду, Асылбек Бердикеевди өлтүргөндү жана Дамир Тургунбавдин өмүрүнө кол салды деген шек менен соттук териштирүүдөн өтүп жатат. Сот залдында белгилүү болгон маалыматтарга караганда, бул окуялар 2003-2004-жылдары болгон. Март окуясына чейин башкы прокуратура бул иштерди Рысбек Акматбаев баштаган кылмыштуу топ жасады деп эсептеп, издөө салган. Рысбек Акматбаевдин сотто берген көрсөтмөсүнө караганда, аталган кылмыштар жасалган учурда ал чет өлкөдө болгон жана аталган окуялар тууралуу маалымат каражаттары аркылуу гана таанышкан. Ал эми өзү болсо Кыргызстанга май айында кайтып келген. Бул тууралуу ал судья Аман Сариевдин суроосуна ылайык мындайча жооп берди:

- Өлкөдө көп нерсе өзгөрдү. Башкы прокурор (Азимбек Бекназаров) кимде кандай иш болсо келсин деп жарыялаган. Мен ага адвокатым менен келип, эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат бердим. Күнөөсүз экендигимди түшүндүрдүм. Анан тергөө башталды.

Маалымат каражаттарында мурда кабарлангандай, Чыныбек Алиевдин өлтүрүүгө мурдагы ички иштер министри Бакирдин Субанбековдун тиешеси бар экендиги тууралуу Рысбек Акматбаев мурда журналисттерге билдирген. Сотто бул маселени маркум Чыныбек Алиевдин жактоочусу Татьяна Чилникина козгоду :

- Сиздин биртууганыңыздын кайгылуу өлүмүнөн кийин маалымат каражаттарында Чыныбек Алиевдин өлүмүнө мурдагы ички иштер министри Субанбековдун тиешеси бар, ага байланыштуу далил бар экендиги тууралуу сиздин билдирүүңүз пайда болду эле. Бул тууралуу эмне айта аласыз?

Бирок, Рысбек Акматбаев бул маселенин каралып жаткан ишке тиешеси жок экендигин белгилеп, бул маселе боюнча эч кандай маалымат бербестигин билдирди.

Кылмыштуу топтун башчысы катары айыпталып жаткан Рысбек Акматбаев бир тууган иниси Тынычбек Акматбаев №31 түрмөдө атып өлтүрүлгөндөн кийин нааразылык акциясына чыгып, ал аркылуу кеңири коомчулуктун алдына чыккан. Бирок, жабырлануучулардын бири Чыныбек Алиевдин агасы Аскер Алиевди бул кылмыштуу топтун сотто берген көрсөтмөлөрү ынандырган жери жок:

- Адам өлтүргөн киши мен өлтүрдүм деп айтмак беле. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча күнөө буларга коюлуп жатпайбы. Жанагы табылган машина, аны айдап жүргөн жанагы Эркин Мамбеталиев болуп жатпайбы.

Аскер Алиев белгилеген Эркин Мамбеталиев тескерисинче, сотто бул кылмыш иштерине эч кандай тиешеси жогун билдирүүдө. Ал буга чейин президент Аскар Акаевдин, Социал-демократтар саясий партиясынын төрагасы Алмаз Атамбаевдин жан сактысы катары иштеп келгендиги тууралуу маалымат айтылууда.

Сотто айыпталып жаткан калган атуулдар дагы бул кылмыш ишине эч кандай тиешеси жоктугун айтышып, тартип коргоо кызматы ар кандай кыйнап, кыстоолор менен сотко чейин көргөзмө берүүгө бмажбурлашкандыгын айтышты. Бул отурумга Рысбек Акматбаевдин кылмыш дүйнөсүндөгү атаандашы катары аталып келаткан Азиз Батукаевдин карындашы күбө катары катышкан жок. Муну анын адвокаты Заурбекова өз өмүрү үчүн коркуп жаткандыгы менен байланыштырды. Бирок, сот келерки жумада жабырлануучуну сотко катыштырууну адвокатка сунуштап, анын коопсуздугу үчүн өзү кам көрүүгө даяр экендигин билдирди. 1-май райондук сотунда жүрүп жаткан бул чуулгандуу сот жараянын судья Аман Сариев алып барууда.

“АЗАТТЫКТЫН” “ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОР” КӨРСӨТҮҮСҮ ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТЕЛЕДОЛБООРУ БОЛУП ТААНЫЛДЫ

23-декабрда “Замандаш” журналы жылдын чыгаан саясатчыларын, мамлекеттик жана коомдук ишкерлерин, маданият ишмерлерин жарыя кылды. "Азаттык" менен Улуттук телерадиокорпорация биргелешип чыгарып жаткан “Ынгайсыз суроолор” телекөрсөтүүсү жылдын мыкты теледолбоору болуп таанылды.

"Замандаш" журналы уюштурган социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгында “Азаттык” үналгысынын “Ынгайсыз суроолор” теледолбоору жылдын мыкты көрсөтүүсү деген номинацияга ээ болду. Ушундай эле сурамжылоо аркылуу жылдын мыкты саясатчылары, меценаттары, ишкерлери жана маданий ишмерлери аныкталды. Жылдын улуттук патриоту болуп Азимбек Бекназаров, жылдын алыстагы сыймыктанаар инсаны Азамат Алтай, жылдын мыкты саясатчылары деп Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев жана Кубат Байболов таанылышты.
Исхак Масалиев жылдын мыкты депутаты, Садык Шер Нияз - жылдын мыкты коомдук ишмери, жылдын мыкты шоу айымы - Ассоль Молдокматова, жылдын мыкты спортсмени - Улан Молдодосов аталды. Ал эми медицина тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн жылдын мыкты дарыгери наамына татыктуу болгон профессор Сабырбек Жумабеков буларга токтолду:

-Биздин элибиздин ден соолугу бекем, келечеги чоң болот. Кыргыз элибиздин медицина тармагы мындан ары да алдыга көтөрүлүп, дүйнөлүк деңгээлге чыгат. Кыргыз элинин орточо жашоо жашы япониядай, америкадай сексен жаштан ары болсо деп тилейм.

Ошондой эле маданият жаатындагы чыгаан чыгармачыл ишмерлер да аталды. Маселен айтыш өнөрүнүн устаты Аалы Туткучев мыкты элдик өнөрпоз, ал эми эстрада ырчысы Темир Назаров мыкты ырчы деген атакка ээ болушту.

“Артезиан” компаниясы - жылдын мыкты атамекендик ишканасы, “Атагыда” ишканасы - жылдын мыкты чет элдик ишканасы, “Себат” билим берүү мекемеси - жылдын мыкты билим берүү мекемеси деп табылды.

"Замандаш” элдик журналы тарабынан жылда өткөрүлүүчү бул иш чаранын негизги максаты туурасында аталган журналдын жетекчиси башкы редактору Абдыкерим Муратов мындай деди:

- Биздин негизги максат мыкты иштеп жаткан адамдарды табуу жана аларды элге жеткирүү. Бүгүн сыйлык алгандарды биздин кыргызстандын келечегине иштеп бере турган кандайдыр бир деңгээлде аванс катары, милдеттүү сыяктуу кылып көрсөтүүгө аракет кылдык.

ТӨРТ ПАНСИОНАТ КАЗАКСТАН КАРАМАГЫНА ӨТТҮ

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы экономикалык мамилелерге оорчулугун салып келген көл жээгиндеги төрт пансионат өз ээсинде калтырылды. Бул тууралуу 21-декабрда эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын Тараз калаасындагы жолугушуусунда маалымдалды. Казакстандын өкмөт башчысы Даниял Ахметов эс алуу үйлөрүн жыл бою иштей турган көп жылдыздуу мейманканаларга айландыруу ишинин башталышына 3 миллион доллар бөлүнөрүн билдирди.

Эски союздан калган мүлктөрдү бөлүштүрүү, менчик ээсин аныктоо эгемендиктин алгачкы жылдарында кыйла талаш-тартыштарды жараткан. Көл жээгиндеги Казакстанга тиешелүү төрт жайкы эс алуу жайларынын айланасындагы талаш кыйла кечигибирээк башталды. Мындан төрт жыл илгери кыргыз бийлиги Казакстандын Көл жээгиндеги төрт пансионаты тууралуу атайын келишимге кол коюп, бирок да ал парламенттен колдоо таппай калган соң өкмөт жөнөткөн документи кайтарып алган. Эки өлкө ортосундагы экономикалык мамиле-катышка салакасын тийгизчү бу маселени оңунан чечүү жолу табылганын Казакстандын өкмөт башчысы Даниял Ахметов маалымдады.

- Акыр-аягында биз бекем чечимге жетиштик, Кыргызстан Көл боюндагы 4 объектти тааный турган болду. Биз январь айы ичинде мамлекеттик жөрөлгөлөрдү аягына чыгаруу аракетин жасайбыз. Андан соң аларды инвестициялоону баштайбыз. Анын убайын эки эл – Кыргызстан, Казакстан калкы көрүшүн каалайбыз. Бул Кыргызстандын туристтик бизнесине кошкон биздин натыйжалуу инвестициябыз болмокчу. Миңдеген казакстандыктар, айрыкча алматылыктар Кыргызстандын мына ушул ажайып кооз жеринде болгусу келишет.

Көл жээгиндеги 4 пансионаттын тагдыры ар кандай расмий иш-чаралардын дээрлик баарында козголо берип, ортодогу мамилеге саясий түс бере баштаганын Кыргызстандын өкмөт башчысы Феликс Кулов да белгиледи.

- Проблема эмнеде? Мурдагы өкмөттүн чечими боюнча 1991-жылга чейин курулган объектилердин баары Кыргызстандын менчиги деп таанылган. Андан кийинкиси кургандыкы. Бул проблеманы тереңден изилдей келгенде, анын үстүнө беш жылдан бери маселе чечилбей келди. Андан түшүнүксүз шек-шоораттар чыга баштады. Акчасын эсептей келгенде мурунку рубль менен курулган эс алуу үйлөрүнүн баасы жарыбаган акчаны эле түзүп калат экен. Ошого ортодо кер-мур айтышкандын баары саясий талашка айланчудай. Экономикалык жагынан алганда, аларды тартып алганда деле өзүбүз ордуна жаңысын кура албайбыз. Эмне кылуу керек? Мен айттым, макул, шарттуу түрдө бул силердин менчигиңер, аны биз тааныйлы. Бирок биздин шарт бар, 2 – 4 жылдын ичинде жыл бою иштей турган 3 – 4 жылдыздуу мейманканаларды кургула, курулуш ишине биздин жарандарды тарткыла.

Ф.Куловдун ырасташынча, кымбат баа мейманкалардын курулушунда, кийин аларды иштетүүгө жергиликтүү калк катышат. Парламент депутаты Марат Султанов эгер жаңы келишимдин шарттары Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгына кайчы келбесе Жогорку Кеңеш жаңы демилгени колдошу ыктымал деген оюн айтты. Бирок да өкмөт парламенттин макулдугун албай алдагыдай келишимге келиши таңкалууну туудурбай койбойт.

- Феликс Кулов мен ошондой сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдим, деп айтып жатат. Биз ал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын көрө элекпиз. Жыйынтыгын көргөндөн кийин гана анын туура же туура эместигин айта алабыз. Эгерде Кыргызстандын кызыкчылыгы корголбой, пансионатты бергенден Кыргызстан эч кандай пайда таппаса мен андай келишимге каршы чыгам. Пансионатты бергенден жакшы пайда таба турган болсок, анда мындай келишимди колдоп койсок болот.
Депутат Таирбек Сарпашев өкмөт түзгөн келишиминде көргөзгөн шарттарын ачыкка чыгарышы керек деген пикирде.

- Биздин пансионаттарыбыз деле кыйратып салык төлөп жаткан жери жок. Бирок ушул пансионаттарды берип атканда ага кошуп салык жеңилдиктерин берип коюшпаса. “Мынчага чейин салык төлөбөйсүңөр, буга чейин салыктан бошоносуңар” десе анда мындай макулдашуунун кереги жок. Эгер биздеги атамекендик өндүрүшчүлөр, пансионат ээлери менен ошол эле казакстандык пансионат ээлерине бирдей шарт түзүлүп, бирдей укуктук база түзүлсө анда мындан трагедия жасаштын кереги жок.

Келишим шартына ылайык Көл жээгиндеги төрт пансионат жайгашкан жер 49 жылга чет элдиктерге ижарага берилет.

АЗИЯ КУБОГУНДА УЛАН МОЛДОДОСОВ КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢДИ

Кабыл Макешов, Бишкек Түштүк Кореянын Янгу шаарында өткөрүлгөн оор атлетика боюнча Азия кубогунда кыргыз жигити коло медалды жеңип келди.

Тактап айтсак 85кг.га чейинки чоюн билек балбандардын ичинде эл аралык спорт чебери Улан Молдодосов күч сынашып, жулкуп көтөрүүдө 150 кг. салмакты багындырып, түртүп көтөрүүдө 182кг. оордукту көтөргөн. Ошентип Улан жалпы суммада 332 кг. оордукту көтөрүү менен чектелип, Азиянын мыкты балбандарынын сабында турду. Биринчи орунду ирандык Алгар Ибрагим, экинчи орунду кытайлык Лин Го ээледи. Улан Молдодосов мурда Азия чемпионаттарынын күмүш жана коло байгелерин жеңип, быйыл Сауд Арабияда өткөн 1- Ислам өлкөлөрүнүн оюндарында чемпион аталган. Ошондой эле октябрь айында Дубайда өткөн Азия чемпионатында баардык атаандаштарын жеңип, Азия чемпионатынын алтын медалын тагынган. Кыргыз спортуна кошкон салымы жогору бааланып, жакында эле Кыргыз республикасынын жаштар сыйлыгына арзыган.
Улан Молдодосов 15 жашында спорт чебердигинин талабын орундаткан. Алардын үй бүлөсүн оор атлетчилердин династиясы дешет. Себеби атасы-Өмүржан, агалары Эсен жана Үсөн спорт чеберлери гана болбостон ӨлкӨгӨ эмгек сиңирген машыктыруучулар . Бир тууган иниси Кутман Молдодосов да жаштар арасында Азия чемпиону . Улан да бул бийиктиктерди дагы жогорулатып дүйнӨ чемпионатынын жана олимпиада оюндарынын алтын медалдарын жеңип Кыргызстанды ааламга тааныткысы келет.
«Быйылкы Азия чемпионатынын алтын медалы менен Азия Кубогунун коло байгеси- жеңишим Кыргыз элими жаңы жыл алдындагы белегим болду» деди Азия чемпиону, Азия Кубогунун жеңүүчүсү Улан Молдодосов .

Кийинки учурдагы кыргыз жигиттеринин Азия биринчиликтеринде байгелерге ээ болуп кайтышы башкаларды таң калтырды. Анткени, коңшу Казак, Өзбек командалары толук курам менен барышып, чемпиондук титулга илинбей калышкан. Азия аймагында кытайлык жана ирандык спортсмендер сан-сапат жагынан күчтүү экенин эске алсак бирде ач, бирде ток болуп жүргөн жигиттер Кыргызстанды эл аралык аренага таанытып жүрүшөт. Бул Азия Кубогуна уулу Уланды алып барып, өзү дагы башка балбандардын таймашууларына калыстык кылган эл аралык калыс, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Өмүржан Молдодосов мындай деди:

« Бул мелдешке баруу үчүн кӨп кыйынчылыктар болду. Биз Азия чемпионатына 4 жигитти даярданбыз. Каражат маселеси кендирди кесип айла жоктон Уланды гана алып барууга туура келди. Ошого карабай Улан Азия Кубогунун коло медалын жеңип бергенде баардык кыйынчылыктар унутулуп калды. ДүйнӨдӨгү эң күчтүү делген кытайлык жана ирандык балбандарга каршы туруу кыйын. Себеби кийинки олимпиадалык оюндарда жана дүйнӨ чемпионаттарында алардан алдыга озуп байге алгандар боло эле. Ошондуктан алардыкындай шарт түзүп бере албасак да биздин жаштарга камкордук кѳрүп чоң спорттогу жолуна тоскоол болбосок. Жаштарга учурунда кӨңүл бӨлүнбӨгӨндүктӨн башка мамлекеттерге же бӨлӨк тармактарга кетип калууда.»

Эгерде бул жаш таланттарга азыртан камкордук кӨрүлбӨсӨ Казакстанга Азия оюндорынын алтын медалын жеңип берген Бакыт Ахметовдой болуп башка коңшу мамлекеттерге кетип калышы да толук ыктымал. Себеби бул жигиттерди 2008- жылы Пекинде боло турган олимпиадалык оюндардын баш байгелерине негизги талапкерлер экендигин Азия оор атлетика федерациясынын башкы катчысы Али Мурадил да баса белгиледи. Колдогу алтындын баркын билип жаштарга кӨңүл бӨлүнсӨ.


15 жылдан бери оор атлетика менен машыгып келаткан, өлкөнү эл аралык аренада тааныткан Азиянын чемпиону, Азия кубогунун коло байге ээси Улан Молдодосов алдыдагы таймашуулар жөнүндө өз оюн мындайча билдирди:
- Жакшы эле даярдык көрдүк. Ошонун жыйынтыгына жараша Азия чемпионатында, кубогун да уттум. Эмки жылы Катарда 15- Азия оюндарынын таймашуулары кыйын болчудай. Менин негизги аттаандаштарым ирандык, кытайлык жана кореялык күчтүү атаандаштарым бар. Кимдин даярдыгы мыкты болсо, жылдызы жанышы мүмкүн. Аны мелдеш көрсөтөт. Мени эки жолу Казакстанга чакырышты. Чоң айлык коюп, Алматыдан үй беребиз дешти. Мен кыргызстандык спорт жетекчилерине ишенип, бардык шарт түзүп беребиз дегенинен өлкөбүздү таштап кете алган жокмун. Үйүм да жок, эч кандай шартым да жок, спорт залында жашап жүрөм.

“Замандаш” кыргыз диаспорлор ассоциациясы Улан Молдодосовду “2005- жылдын мыкты спортчусу” деп атап, 23- декабрда сыйлык тапшырды.

СӨӨК УЗАТУУ КААДАСЫ. КЫРГЫЗСТАНДА ЖАНА МИСИРДЕ

Көзү өткөн адамды акыр сапарга узатуунун жана маркумду эскерип аш берүүнүн ар бир элде өзгөчө аздектеп күтүлгөн каада-салты бар. Кыргызстан эгемендикке жеткени эл арасында мусулманчылык кайра жанданууда. Лекин, колдуулардын шагырата мал союп, узатуу каадасын, чоң аш-тойго айлантып жиберген учурлары да арбын кездешет. Бул жөрөлгө шариятка ылайык келеби?

Бул темага кайрылууга Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту ноябрь айында жарыялаган макала түрткү болду. Көл боюндагы Бостери айылынын жашоочусунун жылдык ашына 9 жылкы жана 10 кой союлган. Көкбөрү ойнолуп, 1000 доллар байге сайылган. Астра Садыбакасованын жазышынча, ашка бардыгы 100 миң доллар чыгымдалган.

Көзү өткөн адамды эл катарында узатабыз деп, карызга баткандар да жок эмес.
Нарындын тургуну Нуржамал Алсейитова атасын жайга бергенде 1, 5 миң доллар карыз болгон.

Албетте, ким да болбосун жакын адамын жоготкондо, өзү жашаган жерде же өз элинде тутулган каада-салтты аткарганга умтулат. Салт-адаттар коомго жараша өзгөрүп, жаңыланып турганы талашсыз. Совет мезгилинде айрым жерлерде өлүк чыгарганда сөзсүз ичимдик кошо берилсе, акыркы 10-15 жылда ислам каада-салттары дыкат аткарыла баштаганы байкалат.

Ашта же маркумду жайга берген учурда, бештеп-ондоп кара мал союу жөрөлгөсүнө Ислам эмне дейт? Суроого Ооганстандык таанымал диниятчы Максым ага мындай деп түшүндүрмө берди:

-Ислам дининде бул сындуу нерселер маскарачылык жана жаңылыштык деп саналат. Ислам чоң той өткөрүп, ысырап эткенден көрө, ошол тойго сарпталчу чыгымдарды өз мамлекетинин, же жашаган шаар-кыштагынын муктаждыгына жумшоону ташбыйкаттайт. Айтсак, кедей-кембагалдарга тамак-аш же кийим кече, болбосо керегине жарачу заттарды алып берсин деп көрсөтүлөт шариятта. Паланча кой союп, же түкүнчө жылкы сойуп ысырапчылык кылууну ислаи дини кабыл этпейт. Кураны Керимде ысырапчылык бүтүндөй арам деп айтылат.

Бишкектеги социологиялык изилдөөлөр борбору өткөргөн сурамжылоого караганда, респонденттердин 80 проценти өлүм-житим болсо, акыркы сыйырын сатып болсо да каада сактоого даяр. Кыргыздар акыр сапарга узатууга орточо 2 миң доллардан 10 миң долларга чейин сарпташат. Андан тышкары үчтүгүнө, жетилигине, кыркына да мал союлуп, тамак-аш берилет.

Ислам диндүү Мисир мусулмандары маркумду жайга койгондө жана андан кийинки күндөрү мал союп, тамак беришеби? Каирдеги атактуу ал-Асхар университетинин талабасы, нечен жылдан бери Мисирде жашап жаткан Исаков Акбараалы ажы кеп салат:

-Биринчи күнү каза болгон адамдын үйүнө жакын туугандары чогулушуп, жаназасы окулат да, сөөк жайга узатылат. Маркумду акыр сапарга узатып келишкенден кийин алар таркап кетишет. Тааныш-жакындар, көргөн-билгендер үч күн арасында сөөк узаткан үйгө келип, куран окутушуп турат. Үч күндөн кийин, демейде, шам намаз менен куптан намаздын ортосунда, бир саат убакытка жарыя боюнча эл чогулат. Батаага келгендер мечиттин жанындагы атайын той-аштар өткөрүлчү жайга келишет. Ошол мусаваттар өткөрчү үйдө жалдап чакырылган шейх бир саат бою токтобостон Куран окуп отурат. Батаа кылганы келген эки кишиби же үчөөбү, 5 –10 мүнөт аятты угушуп, өзүнчө батаа кылып, маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, кете беришет. Өтө сыйлуу дегенде, батаачыларга бир пияладан чай сунулат. Мисирликтер өлүк узатканда кыргыздардай мал союп, тамак жана кийит берип, той кылышпайт.

Мисирликтер эмне үчүн мындай салтты карманат? Акбараалы ажынын айтышынча:

- Бир ирет казаватта жүргөндө Абу Талиптин уулу Жаафар шейит болот. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейсалам казаттан келгенден кийин айланасындагы үммөттөрүнө кайрылып: “силер Жаафардын үй-бүлөсүн убаракерчиликке салбагыла. Алар аза күтүшүүдө. Ошон үчүн аларга тамак бышырып, жеткирип тургула”,-деп осуят кылган. Ошон үчүн Мисирде маркумдун үйүндө үч күнгө чейин тамак жасашпайт. Тамакты коңшулары колдон келишинче жасап, аза күткөн үйгө жеткирип турушат. А үч күндөн кийин аза күтүү бүтөт. Үч күндөн соң маркумга арнап Куран окулат да, омийин, ал үйгө башка келишпейт. Аларда Кыргызстандагыдай “кыркы”, “элүүсү” жана “жылдыгы” деген жок.

Кураны Керимге кайрылсак, анын “Арааф” сүрөөсүнүн 31-аятында, Алла таала ашыкча ысырапкорлукту сүйбөгөнү айтылат. Максым ажы белгилегендей:

-Кудай таала ысырап этпең дейт. Жегиле, ичкиле, ысырапкорлукка барбагыла. Алла Таала ысырапкерчиликти жакшы көрбөйт.

“ПИРАМИДА” ТЕЛЕКОМПАНИЯСЫ “МЕДИА-ИНВЕСТТИ” СОТКО БЕРДИ

“Пирамида” телекомпаниясынын 50 пайыз акциясына ээ болгон “Медиа-Инвест” уюмуна ээлик кылган “Инвест Тел” компаниясы жасалма жол менен түзүлгөн. Анын анык кожоюндары жок болуп чыккан. Бул жөнүндө “Пирамида” телекомпаниясындагы чырды териштирүү үчүн түзүлгөн парламенттик комиссия билдирди. “Инвест Тел” компаниясынын өкүлдөрү өз кезегинде “Пирамиданын” акцияларына мыйзамдуу ээ болушканын белгилешүүдө.

13-декабрда вице-премьер-министр Адахан Мадумаров «Пирамида» телерадиокомпаниясынын жана «Ивест Тел» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушканда, «Медиа-Инвест» жоопкерчилиги чектелген уюмунун юридикалык кеңешчиси Илларион Адамян уюм юридикалык мекеме катары Юстиция министрлигинен каттоодон өткөндүгүн жана «Пирамиданын» 50 пайыз акциясына мыйзамдуу түрдө ээ болгондугун билдирген. Бул маселе боюнча атайын парламенттик комиссия түзүлүп, тиешелүү мекемелердеги, министрликтеги документтер менен таанышып, маселенин чоо-жайын иликтеп чыгышты. Парламенттик комиссиянын мүчөсү Кабай Карабековдун айтымында текшерүүнүн жыйынтыгы «Медиа-инвест» компаниясынын чыныгы кожоюндары жок экенин көрсөттү:

-Ички иштер министрлигинен, Юстиция министрлигинен тиешелүү документтерди алып, болгон докменттерди комиссия аныктап бүгүн аягына чыктык. Иликтөө учурунда «Ивест Тел» компаниясын негиздөөчүсү «Медиа-Инвесттин» кожоюндары жок болуп чыкты. Документтерде коюлган кол белгилерди салыштырсак айырма чыкты. Мисалы, Саркишев деген адамдын колу коюлган документти текшерип, ИИМден паспорттук бөлүмдөн Саркишевдин өз колу коюлган документти текшерсек, анын кол койгону башкача экен. Ошондуктан «Ивест Тел» компаниясы жасалма компания болуп атат. Саркишевдин жакындарынын түшүнүк кат алсак, анын атасы айтты, «уулум үч жыл мурда паспортун жоготуп ийген. Ал башка жаңы паспорт менен Россияда жашайт. Анын «Ивест Тел» компаниясы менен байланышы жок», деди. Негизинен «Медиа-Инвест» жоопкерчилиги чектелген уюмдун кожоюндары катары көрсөтүлгөн Саркишев,Баканов дегендер Кыргызстанда жок экен. Алар июнь айында эле Кыргызстандан чыгып кетишиптир. Ал эми «Медиа-Инвест» жоопкерчилиги чектелген уюм үстүбүздөгү жылдын ноябрь-декабрь айында каттоодон өтүптүр.

Депутат Кабай Карабеков белгилегендей парламенттик комиссия «Пирамиданын» акцияларын кайтарып берүүнү, кожоюну жок катоодон өткөн «Медиа-Инвест» жоопкерчилиги чектелген уюмду сотко берүүнү Юстиция министрлигине сунуш кылышкан. Ошондой эле Карабеков «Пирамидага» ээлик кылуу аракети эски схеманын кайталынышы катары карасак болот деген пикирде.

-Акаевдин убагында бир схеманы пайдаланып, экс-президенттин балдары болгон менчиктерди өздөрүнө алууга аракеттенишкен. Анын кесепетинен алар учурда чет өлкөлөрдө жүрүшөт. Мына ошол эски схема азыр да иштеп атат. Мына «Пирамиданы» басып алуу бийлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан акция да. ИИМдин, РОВДнын кызматкерлери келсе. Биздин милиция бийликтин бир бутагы да, жөнөкөй адам ИИМди мындай иштерге кийлигиштире албайт,- -деди депутат Кабай Карабеков.
Ал эми вице-премьер-министр Адахан Мадумаров 13-декабрда Пирамиданын жана Медиа-Инвестин өкүлдөрү менен жолугушуп, бул маселеге бийликтин эч кандай тиешеси жоктугун, талаш-тартышты мыйзам чегинде чечүү керектигин белгилеген.
Кыргыз Акыйкатчысынын орун басары Садык Шернияздын пикиринде учурдагы жеке менчиктерди басып алууга жол берилип жаткан мезгилде, Пирамидага карата айрым адамдардын жасаган аракети коомчулукка бүлүк салууну көздөшү мүмкүн.

-Азыр жеке менчиктерди басып алуу көбөйүүдө. Эгерде биз сөз эркиндигин алдырып жибере турган болсок. Анда бул сигнал болот. Азыркы биздин коомчулукка бүлүк салууну аракет кылгандар ушундай нерседен пайдаланып, мунун арты от болуп тутанып кетиши мүмкүн, -деди Садык Шернияз.

«Пирамида» телерадиокомпаниясына ээлик кылууну көдөгөн «Медиа-Инвест» жоопкерчилиги чектелген уюмду аталган телекомпания сотко бергендиги тууралуу «Пирамиданын» администрациясынан 22-декабрда билдиришти.

Эске салып кетүүчү жагдай, 9-декабрь күнү күндүзгү саат үчтөн өткөндө 15ке чукул белгисиз жигиттер «Пирамида» телерадиокомпаниясынын имаратына күч менен кирүүгө аракет кылышкан. Эки саат убакыт өтпөй Октябрь райондук ИИБнүн кызматкерлери келип, компаниянын жетекчилери отурган имаратка кирип барышкан. Алар депутат Кабай Карабековдун кийлигишүүсү менен ээлеп алган имаратты бошотушкан. Ушул эле күнү түнкү саат 12ге жакын белгисиз адамдар тарабынан «Пирамиданы» басып алууга аракеттер жасалган.

ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫНДА КОРРУПЦИЯНЫН КЫЛЫ КЫЙШАЙГАН ЖОК

Кабыл Макешов, Бишкек Жайыл районунун аймагында “Карабалта” подстанциясынын ачылыш аземи 22- декабрга - энергетиктердин кесиптик майрамына туш келди.

Ушул жылдын ноябрь айында 92 километр аралыкка 220 киловольттуу Фрунзе- Аларча электр линиясы пайдаланууга берилсе, 22- декабрда 65 миллион сомго “Карабалта” подстанциясы кайра курулуп, Түштүк аймагында кышкысын электр жарыгы өчпөй турганын өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Медетбек Керимкулов билдирди.
- Ачылышы энергетиктердин майрамына туш келген бул подстанцияны пайдалануу менен Түндүк аймагы электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыз болот. Алыс аралыктарга электр кубатын жеткирүүгө өбөлгө түзүлүп олтурат. Эмдиги жылы Түштүк аймагына да подстанциялар курулат.

Энергия бөлүштүрүүчү компаниялар карыздарды убагында төлөбөгөндүктөн ремонт жабдуулары алынбай, жумушчулардын айлык акылар өз убагында берилбей жатканын жана энергетикалык обьектилерди курууга, капиталдык ремонт үчүн каражат зарыл болуп турганын “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” акционердик коомунун башкы директору Салайдин Авазов билдирди:
-Энергетика тармагынын каржылык маселеси энергияны бөлүштүрүүчү компанияларга байланыштуу. Тилекке каршы, алар биздин ишке көмөкчү болуунун ордуна 2 млрд. сом карызын төлөбөй кендирди кесип жатат. Ошонун айынан капиталдык ремонт иштери үзгүлтүккө учурап, калкты электр жарыгы менен камсыз кылуу учур талабына жооп бербей турат. Баткен облусу Тажикстандан электр энергиясын алып, аларга көз каранды болууда. Эмдиги жылы Баткен жергесине дагы подстанцияларды куруу планы бар.

Өлкөнүн энергетика тармагы коррупцияга батып турганын, көзөмөлдүн жана жоопкерчиликтин жоктугунан электр энергиясы уурдалып жатканын, ГЭСтердин жабдуулары эскирип, керектен чыгып, жаңыланууга муктаж экенин Жогорку кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев маалымдап, бул тармакты менчиктештирүүгө каршы экенин билдирди:

- Канча жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келаткан ГЭСтердин жабдуулары эскирип, айрымдары иштен чыгуу авариялык коркунучунда турат.Экинчиден ГЭС курулушунун мыкты адистери айлыгынын аздыгынан, камкордукка алынбагандыктан, социалдык маселелери чечилбегендиктен башка өлкөлөргө кетип калышты. Ал түгүл бул тармактын сырын беш колундай билген кыргыз улутунун өкүлдөрү дагы чет мамлекеттерге кетүүгө аргасыз болуп жатканы өкүндүрөт. Энергетика тармагында структуралык жетекчилик жакшы жолго коюлбай, бир ууч чиновниктердин байып, алардын кызыкчылыгы үчүн гана иштеп жатат. Ушундай көрүнүш ыңкылаптан кийин дагы уланып, коррупция жоголбой дале өрчүп баратат. Бул тармакты тартипке келтирип, уурдоону токтотпосок анда кыйын абалга туш болобуз.

Кыргызстанда жалпы электр энергиясын көзөмөлгө алган бирдиктүү мекеменин жоктугунан энергияны уурдоо, бул тармакта коррупция өөрчүп кеткенин эксперттер айтып келишет. Электр энергия тармагын тейлеген өзүнчө иш жүргүзгөн 7 мекеме- ишкана бар. Электр энергиясын иштетип чыккан “Электрстанция” мекемесин менчикке берүүгө адистер каршы пикир айтып жүрүшөт. Ал эми өндүрүлгөн электр энергиясын аралыкка жеткирүү милдети “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” акционердик коомуна жүктөлгөн. Алар 6 миң 635 километр аралыкка электр кубатын жеткирсе, анын 541 километри 500 киловольт кубаттуулукта болсо, калганы 220 жана 110 киловольт менен подстанцияларга жеткирилет. Ошондой эле электр энергиясын өлкө боюнча бөлүштүрүүчү 4 мекеменин дебютордук карызы 2 млрд. сомдон ашып калды.

Кыргызстандан экономикасынын негизги тармактарынын бири- электр энергетикасы. Өлкөдө жалпысынан жылына 13 млрд.кВт-саат электр энергиясы өндүрүлсө дагы аны сатуудан 13 млрд сомдун ордуна 3 млрд. сом гана чогулуп, энергияны өндүрүүгө кеткен чыгымды араң толтуруп жатат.

ЫҢКЫЛАП МОЛДОКЕЛЕРГЕ ДА ЖЕТТИ

Кожогелди Култегин, Бишкек. Соңку кездери Кыргызстан мусулмандарынын муфтийин алмаштыруу боюнча массалык маалымат каражаттарында кызуу сөздөр жүрүүдө. Муфтият ишмердүүлүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы да өзүнүн сын пикирин айтып чыкты. Айтылган сындарды муфтий жана анын тарапкерлери жалган жалаа катары четке кагып келет. Бирок, муфтийдин күтүүсүз үч айлык отпускеге кетиши жагдайды ого бетер курчута баштады.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Кыргызстан мусулмандарынын жетекчисин шайлоо Акүйдүн, улуттук коопсуздук кызматынын таасири менен гана болот деген пикирди те депутат кезинде Акүйдөн укканын минтип эскерди:

- Ошондо бизге ачык эле айтышкан, Акүй, улуттук коопсуздук кызматы кимди кааласа - ошол муфтий болот деп. Алар көз көрүнөө эле андагы муфтий Кимсанбай-ажыны кетирип, Молдо-Апсатарды апкелишкен. Анан кайра Кимсанбай ажыны апкелишкен. Кийин Кимсанбай ажыны алмаштырып, Мураталы-ажыны олтургузушту муфтийлик мамыкка.

Турсунбай Бакир уулу Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Мураталы-ажы Жуманов каржылык каталарды кетиргендигине мындай мисалдарды тартат:

- Ажы сапарын уюштурууда махинациялар болуп жатпайбы. Мисалы, мен Сауд Арабиянын консулу менен сүйлөштүм. Муфтияттан атайын буйрук бар деп, ажы башчылар ар жылы ар бир кишиден 10 доллардан 50 долларга чейин чогултушат экен виза үчүн. А Сауд Арабиянын консулу айтат - биз акысыз виза коёбуз деп.

Мусулмандардын диний жетекчисин шайлоодо Акүйдүн, улуттук коопсуздук кызматынын таасири күч деген Акыйкатчынын сынына Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча агенттиктин кайрадан жаңы дайындалган деректири Өмүрзак Мамаюсупов кошула бербейт:

- Муфтийди Акүйдүн айтканы боюнча гана шайлашат деген сөз – Уламалар Кеңешинин кадырын кыйла эле ылдый түшүрүп коюп атат. Алар деле алыс-жуукка, айрымдары Орто-Азияга таанымал дин ишмерлери, аалымдар. Мен өтө сыйлаймын а кишилерди. Биз алардын ишине эч ким кийлигишпеси үчүн жардам беребиз.

Муфтий Мураталы-ажы Жуманов Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулуну таркаткан пикир-малыматтарды далилсиз ушак-айың деп эсептерин айтып келатат:

- Биздин динибизге ушунчалык эркиндик берилип, көкүрөгүбүзгө ыйман уялаган кезде далилсиз ушак-айындарды айтууну токтотуш керек. Акүй, улуттук коопсуздук кызматы кийлигишет деген – жалган жалаа. Алар бизге жардам гана беришет. Анан ажы сапарын уюштурууда бизди миңдеген, миллиондогон акча жеди деп, жаманатты кылууга аракет кылгандарга Кудай бар...

Кызылкыя шаарынын баш имамы Мукадас-ажы Кожониязов муфтийдин ошол Акүй менен жакындыгын жогору баалайт:

- Биздин муфтий ар дайым мамлекеттин саясатына жакшы көз карашта, бийликтегилерди дайыма колдоп сүйлөп жүрөт.

Бишкек шаар тургуну, сопу Кеңешбек Нурбеков муфтиятка байланыштуу жагымсыз кырдаалды жараткан - Өкмөт алдындагы дин иштери боюнча агенттиктин жакында иштен бошотулган деректири Латипжан Сагымбаев деп эсептейт:

- Сагымбаев деген келип алып, будуң-чаң чыгарды. Максаты башка экен. Баарысынын бети ачылды. Нарматов деген баланы муфтий кылам деп, алыс-жууктагылардын баарысын тымызын чакыртыптыр. Бирок, алар макул болбостон, кайра кетишкен.

22-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу “Азатыкка” жаңы маалымат берди:

- Мына эми муфтий да алмашып атат. Биринчиден, Акүй, улуттук коопсуздук кызматы киришиш керек эмес бул ишке. Экинчиден, атайын кызматтардын көрсөтмөсү менен түзүлгөн жобо жана Уламалар Кеңеши да жаңы түзүлүш керек.

Азыркы учурда муфтийдин милдетин аткарып баштаган Нематулла-ажы Жээнбеков муфтий Мураталы-ажы Жумановдун үч айга отпускага кеткенин билдирип, муфтийди алмаштыруу Уламалар Кеңешинин колундагы маселе деп белгиледи.

РЕВОЛЮЦИЯ ӨЗ БАЛДАРЫН ЖЕРҮҮДӨ

Апта соңундагы кыргыз басылмаларында болору болжолдонуп жаткан референдум, калк өзү кандай башкарууну тандап алышы ыктымал экендиги тууралуу кеп-сөз болууда. Март ыңкылабынан кийинки окуялар, элдик козголуштун башында тургандардын бир четтен кызматтардан четтетилиши, мурдагы-кийинки бийликтин саясаты кыргыз басылмаларында чоң талкууга алынууда.

Аскар Акаев Кыргызстанды таштап кеткендин эртеси кызматын өткөрбөй качып кеткен жетекчинин экинчиси мурдагы коргоо министри Эсен Топоев болду. Э.Топоев А.Акаевдин оң колу болчу. Ошонусуна ишенип ал Кыргызстандын эларалык кадыр-баркын кетире турган мыйзамсыз иштерди көп жасаган.

2001-жылдын 15-февралында ал кайсы бир «Инвест ЛТД» фирмасына 100 танк сатуу боюнча контрактка кол койгон. Бирок да бул бүдөмүк иштин былыгы ачыкка чыгып калган соң Э.Топоев аны көп чуру-чуу кылбай жаап коюуга жетишкен, деп жазат 22-декабрдагы «Лица» гезитинде Алик Орозов «Акаев картасындагы «көзүр туз» деген макаласында.

Басылманын ушул эле санында март ыңкылабынын башында туруп, бирок да жаңы бийликтин тушунда кызматынан четтетилген Анвар Артыков менен Роза Отунбаеванын маектерине орун берилген. «Непадам А.Акаев режими 24-мартта кулабай калса баарыбыз узак жылдарга камаларыбыз айкын болчу», дейт А.Артыков.

«Түндөсү апыл-тапыл А.Бекназаровду кызматтан алышканын көргөндө мен абдан таңгалдым. Роза Отунбаева менен Алевтина Проненкого каршы иштешти, алардын парламенттен өтүшүнө жардам көрсөтүшкөн жок. Мага келишкенде да ачык айталбай, баарын жашырып коюшту», деп билдирет Ош облусунун мурунку губернатору А.Артыков.

Роза Отунбаева жаңы бийликтин кантип аны сүйүңкүрөбөй калышын паспорт маселеси менен байланыштырат. Президенттик акимчиликтин колдоо-сүрөөсү менен паспорт боюнча тендерге тышкы иштер министринин милдетин аткаруучунун каршылыгына карабастан, түштүк кореялык компанияны киргизишкен.

Р.Отунбаева өзү «мен Акүйдүн чекесине чыккан чыйкан болдум», дейт. Паспорт маселесин жаңы бийлик деле жакшы чече албай жатканы жума күнкү «Аалам» гезитиндеги Аида Надырбекованын макаласында козголгон.

Экс-президенттин зайыбы Майрам Акаеванын К.Бакиевге жолдогон ачык катына ачык жооптуу мамлекеттик катчы Д.Сарыгулов жазып, аны 21-декабрда маалымат жыйынында жалпыга жарыя кылды. «Кыргызстан эли буга чейин уят-сыйытты жыйыштырып койгон үй-бүлө өлкөнү кантип, кандайча башкарганын толук билбейт», деп жазат Д.Сарыгулов. Анын ырасташынча, мамлекетти башкаруу ишин жалгыз А.Акаев эмес, анын аялы, тун кызы, чоң уулу чечип калган. Майрам Акаеванын катына Дастан Сарыгуловдун жообу бейшемби, жума күнкү гезиттердин баарында жарыяланды.

Эмдиги жылкы экономикалык өнүгүштү 8% жеткирүү үчүн Кыргызстан ириде өнөр жай өндүрүшүн, айрыкча Таластагы «Жерүй» алтын кенин, Кызылкыядагы цемент заводу сындуу ири ишканаларды ишке киргизиши керек, дейт өнөр жай, туризм министри Алмаз Атамбаев 22-декабрдагы «Вечерний Бишкек» гезитиндеги маегинде.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүшү, буга чейин жасалган иштер, эмдиги жылкы экономикалык милдеттер тууралуу министрдин дагы бир маегин жума күнкү «Агым» гезити басты.

Апта соңундагы кыргыз басылмаларынын өзгөчө кызыгуусун жараткан тема конституциялык реформа, эмдиги жылдын башында өтүп калышы ыктымал референдум болду окшойт. «Бизге кандай башкаруу керек», деген суроону коет «Бишкек таймс» гезитинде Э.Момунов. Чоң чыр-чатак менен шайланган депутаттардын көбү парламенттик башкарууга өтүү зарылдыгын айтып отуруп алышты. Парламент шайлоодон чыккан чатак мурдагы бийликти кулатып тынды эле. Мыйзам чыгаруу бийлигине мамлекетти башкаруунун эки тизгин - бир чылбыры тийгенде кайрадан кризис Кыргызстанды каптабайбы, деп суроо коет макала автору.

Парламенттик башкаруунун жалындуу жактооочуларынын демилгеси натуура экенин «Жаңы ордо» гезитинде Акымбек Абдыкаров «Сөз чыны – окурман сыны» деген макаласында козгогон. Конституциялык реформа чоюлуп, бийликтин эмнени ойлоп, эмне көздөп отурганы эмдигиче белгисиз экенин «Кыргыз руху» гезити белгилеген.

Криминал менен бийликтин мамилеси, түзөтүү жайларындагы былык иштер кечээ-бүгүн эмес, кыйладан бери жасалып келатканы Канышай Мамыркулованын «Башынан сасыган балыкты куйругунан кантип тазалоодо» деген макаласында баяндалган. Гезиттин маалымдашынча, мындан төрт жыл илгери чыр-чатактуу 31-колонияга 19-сентябрда сырттан эшик тоскондор жашырын буюмдарды киргизишкен. Анда эмне бар экени эмдигиче табышмак.

«ТАСМА»: ЭРНЕСТ АБДЫЖАПАРОВДУН «АЙЫЛ ӨКМӨТҮ» ФИЛЬМИ ТУУРАЛУУ

Төрөкул Дооров, Москва. Төрөкул Дооров кыргыз режиссеру Эрнис Абдыжапаровдун «Айыл өкмөтү» же дүйнөлүк прокатта «Саратан» деген ат менен белгилүү фильми жөнүндө айтып бермекчи. Сиздер аталган фильмде ойногон белгилүү куудул, актер Абдылда Иманкуловдун интервьюсун уга аласыздар.

КООМДУК ТЕЛЕКАНАЛ, БИЗНЕС КЫЛУУНУН СЫРЫ, ӨЗБЕКСТАНДАГЫ КЫРГЫЗДАР КӨРГӨН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР

Өкмөттүк басма сөз каражаттарын реформалоо, «Ош-3000” телеканалын ЭлТР элдик телекомпанияга айландыруу боюнча Президенттин жарлыгы жарыяланды. Бирок, УТРКнын тагдыры азырынча белгисиз бойдон калууда. УТРКны реформалоодон натыйжа болобу? Мына ушундай суроонун айланасында макалалар “Жаңы кылым” жана “МСН” гезиттеринде орун алды. Ал эми “Заман Кыргызстан” гезити бир катар маектерди жарыялады.

Реформалоо маселеси УТРКга да жетти. Депутаттар Мелис Эшимканов, Жантөрө Сатыбалдиев, “Интерньюстун”продюсери Элвира Сариева жана “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Кубан Мамбеталиев Эстония жана Финляндияда болуп келишип, УТРКнын азыркы форматы бизге ылайыктуу эмес экенин айтышты. 21-декабрда чыккан “МСН” гезитинде орун алган “КТР эстончо” деген макалада УТРКны реформалоонун зарылчылыгы тууралуу жазылды.
Бул маселе боюнча 23-декабрда чыга турган “Жаңы кылым” гезити да макалага орун берүүдө.

Гезиттин жазышынча, эгерде УТРК толук эркиндикке кое берилип, мамлекеттен ажыратыла турган болсо, ал эртеси күнү эле банкротко учурап, жабылып калуусу шексиз. Минтип ишенимдүү айткандыгыбыздын себеби, азыр УТРКга жыл сайын бюджеттен 50 млн. сомдой каражат бөлүнөт. Мынчалык каржатты компаниядагылар бир жылдын ичинде иштеп табыша алышпайт, бизде рекламалык база абдан начар. Абоненттик төлөмдөрдү киргизгенге мүмкүнчүлүк жок, ачыгын айтыш керек, УТРКнын программалары деле телекөрүүчүлөрдүн арасында өзгөчө рейтингге ээ эмес. Шаардагылар түгүл айылдагылардын арасында деле КТРдин жаңылыктарынан башка программаларына кызыкпагандар, көңүл бурбагандар аз эмес, деп жазат гезит.

Макала авторунун жазышынча, Россиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын телеканалдары менен атаандашып, алардан өз көрүүчүлөрүн тартып алуу улуттук телерадиокомпания үчүн жылдан-жылга кыйындап баратат. Бул жагынан алганда массмедиада УТРК сот системасындагы Конституциялык сотко окшоп калды. Телеканал коомдук деген статуска ээ болгондон кийин деле негизинен мамлекеттин эсебинен каржылана тургандыгы белгилүү. Коомдук делгенде башкаруунун формасы гана өзгөрөт.

“Каалайбызбы, каалабайбызбы УТРКны реформалоо зарыл. Аны реформалоо Акаевдин тушунда такыр мүмкүн эмес эле. Эми элдик ыңкылаптын соңунан аны коомдук телевидениеге айлантуу аракеттери мыйзамченемдүүлүк. Себеби, улуттук телевидение көп параметрлери жагынан улуттук деген статусуна жооп бербей калган”, деген сөздөр менен макала жыйынтыкталат.

Ал эми “Заман Кыргызстан” газетасы жума күнү чыга турган санында бир нече маектерге орун берүүдө. Алардын бири «Kyrgyz Concept» компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев менен болгон.
«Бай болуш үчүн сөзсүз байдын уулу болуш керек эмес» деп аталган интервьюда ал өз тажрыйбасы туурасында кеңири айтып берет. Эмил Үмөталиев «Мен өзүм бизнесимди нөлдөн баштаган адаммын. Отузга чыкканымда да эч нерсеге ээ боло албаптырмын, көрсө. Мурда советтик системанын күчүнө, калыстыгына ишенип жүрө бериптирмин», дейт. Андан сырткары маекте бүгүнкү бизнесте ийгиликке жетүүдөгү лидерлик касиеттер, балдарга жаштайынан берилген тарбия, паракорлук, тууганчылык, коррупция, тааныш-билиштик аркылуу иштерин жүргүзүп, ошондой жол менен байлыкка, бийликке жеткендер туурасында сөз кылат.

Кийинки маек "Өзбекстандык кыргыздар өздөрүн өздөрү көтөрүүдө" деп аталат. Кыргыз билим берүү академиясынын Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Сулайман Рысбаев Өзбекстандагы кыргыз мектептеринин көйгөйү туурасында айтып берген.

«Көйгөйлүү маселелер бир топ, негизгиси - ошол 58 кыргыз мектепти кадрлар менен камсыз кылуу. Анжианда кыргыз тили, адабияты бөлүмү ачылган, бирок анда кандай кадрлар иштеп жаткандыгы, кандай программа менен билим берип жаткандыгы мени түйшөлдүрдү», дейт Сулайман Рысбаев. Ал эми Өзбекстандагы этникалык кыргыздарга билим берүү жаатында жардам берүү боюнча «Өткөн жылы Өзбекстандагы элчибизден жардам сурап кат
келген, мен билим министринин орунбасарына баргамын, бирок чечилбей калды», деп гезитке берген маегинде билдирген.

ДАСТАН САРЫГУЛОВ: АКАЕВДЕР КЫРГЫЗСТАНДЫ БЕЧЕЛ, КАЙЫРЧЫ, КОРРУПЦИЯ ЧЫРМАГАН ӨЛКӨ КЫЛДЫ

Майрам Акаеванын мурда Президент К. Бакиевге жазган ачык катына мамлекеттик катчы, «Теңир Ордо» улуттук дөөлөт мурастарды сактоо, өнүктүрүү фондусунун президенти Дастан Сарыгулов жооп кайтарды. Бул тууралуу мамлекеттик катчы 21-декабрда болуп өткөн маалымат жыйынында билдирип, экс-президентти жана анын жубайын актанганды токтотуп, кылган кылыктары үчүн Кудайдан коркуп, кыргыз элинин алдында кечирим суроого чакырды. Анын айтымында, Акаевдердин жеке басар үй-бүлөлүк башкаруу жылдарында кыргыз эли миң жылдык тарыхта болбогон баңгиликке, сойкулукка, эки жүздүүлүккө жана коррупцияга чырмалган.

Дастан Сарыгуловдун пикиринде Акаев кыргыз элинин мойнуна эки миллиард доллар сырткы карызды, жети миллиард сом ички карызды илип кетти. Ал башкарган убакта Кыргызстан бечел, кайырчы өлкөнүн кейпин кийди, мамлекеттин аймагы 97 миң гектарга азайды. Аксы окуясында окко учуп набыт кеткен адамдардын убалы дагы экс-президенттин мойнунда.
-Чындыгын айтканда, өткөн бийликтин доорунда эл бир эле үй-бүлөнүн буйругу менен каалагандай калчанган журт болуп калган. Кыргызстандын жарандары Орусияда, Казакстанда нан табуу, курсак тойгузуу максатында жүрүшөт. Пенсионерлердин, карыялардын кандай жакырчылыкта жашаганын билесиздер. Канча балдар мектепке барбай көчөдө жүрүшөт.

Дастан Сарыгулов Майрам Акаева менен Аскар Акаевге кылган кылыктары үчүн Кудайдан коркуп, кыргыз элинин алдында кечирим сурай турган гана жалгыз жол калганын эскерткен.

Майрам Акаеванын Президент Курманбек Бакиевге жазган каты өткөн жумада Кыргызстандагы гезиттерге жарыяланган эле. Акаева катында Бакиевдин чөйрөсү экс-президент Акаевди тынымсыз каралоо кампаниясын жүргүзүп, анын балдары, туугандары менен жакындарына террор жасап, куугунтуктап жаткандыгын айыптоо менен Бакиевди завод деректиринен премьер-министрге чейин көтөргөн Акаев экенин анын эсине салган. Аскар Акаевди экс-президентке каралган кепилдиктерден, укуктардан мыйзамсыз ажыратты деп президентти сынга алган болчу.

«Мен сизге аял, эне жана өз жерин чындап сүйгөн мекендеш катары кайрылып жатам. Буга чейин биз биздин үй-бүлөгө жабылган жалаалардын агымына чыдап келдик. Бирок акыркы убактарда Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө биздин үй-бүлө мүчөсүнүн, өзгөчө аял мүчөсүнүн тиешеси бар деп боолголонгон заар маалыматтар тарап жатат. Минтип менин кызымды, менин таза канымдан жаралган перзентимди күнөөлөп жатышкан учурда, мен унчкупай кое албаймын»-деп жазган Майрам Акаева.

Майрам Акаеванын Президентке жазган каты боюнча ошондон бери коомчулукта түркүн пикирлер айтылып, кызуу талкуу жүрүүдө. Легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Ааматовдун айтымында, Кыргызстандын туңгуюкка малынып калганына, келечектин туман болуп жаткандыгына да экс-президенттин үй-бүлөсүнүн түздөн-түз күнөөсү бар:

-Кыргызстандын Африка өлкөлөрүнүн катарына теңелип калуусуна, Кыргызстандын жүз жылдык келечегине балта чабылышына, азыркы бийликтин баш-аламан болуп жаткандыгына, баардыгына Акаев баштаган мурунку бийликтин күнөөсү чоң.

Кыргызстандын кыйынчылыкка кептелишине экс-президенттин үй-бүлөсүнүн түздөн-түз күнөөсү бар деген сын-пикирлер менен катар эле ага мамлекеттик ишмер катары оң баа берилген ойлор да кездешет. «Акыйкат» партиясынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшебаевдин оюнча экс-президенттин кыргыз элине жасаган жакшылыгын да унутпоо абзел. Аскар Акаевдин тушунда мурда эч ким билбеген кичинекей Кыргызстан дүйнөгө таанылды, улуттук валюта киргизилди. Акаев бийликке келген алгачкы жылдары эл аралык коомчулук Кыргызстанды Борбор Азия чөлкөмүндөгү демократиялык аралча катары тааныган.

-Акаев президент болуп турган учурда жакшы иштерди да жасады. Жаман жактары да болду. Бирок биз анын жаман жактарын гана көрүп, жакшылыгын эске албаганыбыз туура эмес, -деди Кеңешбек Дүйшебаев.

МАМЛЕКЕТТТИК БАШКАРУУ ФОРМАСЫН ЭЛ ӨЗҮ ТАНДАЙТ

Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстанга ылайыктуу мамлекеттик башкаруу системасын аныктоо үчүн келерки жылы референдум өткөрүү керектигин президент Курманбек Бакиев конституциялык кеңешменин 21-декабрда болгон кезектеги жыйынында белгиледи. Мындай сунуш Конституциялык кеңешменин көпчүлүк мүчөлөрүнөн колдоо тапты. Референдумга чыгарыла турган маселелер боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштери башталмакчы.

Жыйында адегенде Конституциялык кеңештин төрагасы, президент Курманбек Бакиев сөз сүйлөп, конституциялык реформаны жургузүүдөн мурда Кыргызстанда кандай мамлекеттик башкаруу системасы болоорун кийинки жылы референдум аркылуу аныктоо керек деген пикирин айтты:

Референдумга барышыбыз керек. Мамлекеттик башкаруу системасын референдум аркылуу аныкташыбыз керек. Бул маселени аныктабай туруп, баш мыйзамга өзгөрүүлөр менен толуктоолорду киргизүү натыйжа бербейт. Кандай мамлекеттик система керектигин аныктап алып гана Конституцияны жазышыбыз керек .

Курманбек Бакиевдин мындай сунушу конституциялык кеңештин көпчүлүк мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ болду. 2006-жылдын биринчи жарымында элдик референдум аркылуу бир нече маселени чечүү керек деген пикирин депутаты Азимбек Бекназаров билдирди:

2006-жылдын биринчи жарымында биз өлкөдө элдик референдум өткөрүп, Коснтитуцияга киргизиле турган эң орчундуу маселелер боюнча бир жактуу пикирге келишибиз керек. Референдумга бир гана мамлекеттик башкаруу системасына байланыштуу эмес, ошондой эле башка маселелер, мисалга алсак, административдик-аймактык реформа, сот системасы жана башка маселелерди алып чыгуу керек , - деди А. Бекназаров.

Конституциялык Кеңешменин айрым мүчөлөрү да элдик референдумга мамлекетти башкаруу системасынан тышкары, сот системасына, депутаттардан, президенттен жана соттордон кол тийбестикти алуу, президент менен парламенттин ортосундагы ыйгарым укуктарга байланыштуу маселелерди да койуу керек деген көз караштарын айтышты.

Президент Курманбек Бакиев референдумга коюла турган маселелер боюнча эл ичинде түшүндүрүү иштерин баштоону сунуштады.

Жыйында буга чейин Конституциялык кеңешмеге негизинен мамлекеттик башкаруунун үч башка системасын жактаган долбоорлор түшкөндүгү белгиленди. Алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов сунуш кылган долбоордо парламенттик башкаруу каралса, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова президенттик башкаруу системасы Кыргызстанга ылайыктуу деген долбоорду иштеп чыккан. Ошону менен бирге президенттик башкарууну жактаган долбоорлор да сунушталды.

Курманбек Бакиев КМШ өлколөрүнүн дээрлик баарында президенттик-парламенттик башкаруу өкүм сүрүп келе жаткандыгын белгилеп, маселенин баары башкаруу системасында гана эмес, тигил же бул мамлекетти ким башкарарында да жатат деген пикирин айтты.

Президенттик башкаруу формасын сунуштаган долбоорду иштеп чыккан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алманбет Матубраимов президенттик-парламенттик башкаруунун айрым кемчиликтерине токтолду. Анын пикиринде, учурда президенттик администрация, президенттин жана аткаруу бийлигинин башчысы премьер-министрдин ортосунда карама-каршылыктар бар, бирин бири түшүнбөөчүлүк бар. «Эки баштуу бийлик аткаруу бийлигинин калган органдарынын үстүнөн башкарууну жүргүзүп жатат», - деди Алманбет Матубраимов.


Mамлекеттик башкаруу системасын тандоодон мурда азыр мамлекет кандай абалда экендигин, кандай географиялык, геосаясий шарттарда жайгашкандыгын жана башка жагдайларды эске алуунун зарылдыгын Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов белгилеп өттү.

Белгилүү саясатчы Медеткан Шеримкулов өлкөдөгү туруктуулукту сактап калуу үчүн азыркы Конституциянын бир нече беренелерине Жогорку Кеңеш аркылуу өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүнүн зарылдыгына токтолду:

Мамлекетте стабилдүүлүктү, коопсуздукту сактап калуу үчүн, ошондой эле Кыргызстандын көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн чукул арада азыркы баш мыйзамдын бир нече беренелерине парламент аркылуу өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Азыркы Конституциянын 3-4 беренеси өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп койушу мүмкүн , - деди М. Шеримкулов.

КЫРГЫЗДАР КЫТАЙГА ЖАЙЫТ БЕРҮҮДӨН ЧОЧУШАТ

Аманбек Жапаров,Бишкек Кыргызстанда жайыттар боюнча мамлекеттик департамент кытайлык малчыларга жайыттарды ижарага берүүгө каршы экендигин билдирип айыл, суу чарба министри А. Анарбаевге кайрылуу жолдоду. Декабрь айынын башталышында Ош облусунун экс-губернатору Анвар Артыков баш болгон жумушчу топ Кытай Эл Республикасынын Кашгар облусунун Улуу Чат кыргыз автономиялуу районунда болуп, эки тараптуу кызматташуу багытында келишимге кол коюшкан. Анда Улуу Чаттык малчыларга Алай районунун аймагынан жайыт жерин ижарага берүү маселеси да каралган.

Айыл, суу чарба министрлигиндеги Жайыттар боюнча департаменттин директорунун орун басары Эшболот Өсөров Ош облустук администрациясы тарабынан жайытты ижарага берүү маселеси көтөрүлүп жатканын, бирок жайыт боюнча тиешелүү адисттер мындай сунушка каршы болушканын билдирди. Анын айтымында башка мамлекеттерге жайыттарды ижарага берүү мамлекеттик деңгээлде чечилип, парламенттен колдоого алынуусу керек. Эгерде Кытайлык малчыларга жайыттар ижарага берилсе мурдакы бийлик тарабынан кытайлыктарга өтүп кеткен Үзөнгү кууштун маселеси кайталанышы мүмкүн:
- Биринчи Үзөнгү куушту берип жиберип канча тополоң болдук. Эми жайытты бере турган болсок Кытайлар кирип келсе аларды чыгарыш да кыйын болот. Өзгөчө узак мөөнөткө ижарага берсек Кыргызстандын территориясы кыскарып калат. Министр департаменттерди чогултуп пикирибизди сураганда, бардыгы Кытайга жайытты ижарага бериш мүмкүн эместигин айтышты,

Ош облусунун экс-губернатору Анвар Артыков жакында Кытайдагы Улуу Чат кыргыз автоном районуна иш сапары менен барганда Кытайлык малчыларга Алай районунун аймагынан жайыт жерлерин ижарага берүүгө макулдашып келген болчу. Алай районунун акими Назарбек Калыбаевдин айтымында Сарыташ айыл өкмөтүнө караштуу жайлоодон жыл сайын үч-төрт айга мезгил-мезгили менен 30-40 гектар жайытты ижарага берип туруу, ошол жерге малдарды семиртип, дан түшкөн продукцияларды эки өлкөнүн элин камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөр болгон.
Бирок, акимдин оюнча дагы жайыт маселеси боюнча сүйлөшүүлөр өкмөттүк деңгээлде чечилиши керек:

- Эми бул маселе өкмөттүк деңгээлде чечилиш керек. Губернаторлордун ортосунда ой-пикирлерди бөлүшүп,алдын-ала меморандумга кол коюшкан. Эми өкмөттүк деңгээлдеги атайын адистер жайыттын баасын коюшса. Жайыттын бир гектарын 10 доллардан 12 долларга чейинки баада берүү тууралуу сөз болгон.
Айрым адистердин айтымында, жайыттар жергиликтүү бийликтердин көзөмөлүнө өткөндөн бери жайыттар кимдерге ижарага берилип атат, андан канча каражат түшкөндүгү тууралуу так маалымат жок. Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев экс-министр Александр Костюкка карата ачылган кылмыш ишинин бири ушул жайыт маселесине байланыштуу экенин “Азаттыктын” кабарчысына дүйшөмбүдө берген интервьюсунда билдирген.
Кыргызстандын аймагында 9,2 млн. гектар жайыт жерлери бар. Анын 32 пайызы бузулган, 24 пайызы таштак, 14 пайызы таза жайыт. Союз биримдиги кезинде Өзбекстан, Тажикистан, Казакстан мамлекеттери Кыргызстандан жайыт жерлерин ижарага алып пайдаланып келген. Мурда төрт түлүк мал бапырап, жайлоолордун көркү чыгып, жайыттар мамлекет тарабынан катуу көзөмөлгө алынып келсе, учурда жайыт жерлерге жергиликтүү бийликтер ээлик кылат.

СУРМА КОМБИНАТЫ ДҮЙНӨЛҮК БАЗАРГА КАНТИП ЧЫГАТ?

Советтер Союзу учурунда аты алыска кеткен Кадамжай сурма комбинаты акыркы жылдары араң иш жүргүзүп, 2003-жылы таптакыр өндүрүштү токтоткон. Карыз көбөйүп кеткендиктен өкмөт ишкананы сатыкка койгон. Үстүбүздөгү жылдын май айында комбинатка кожоюн болуп Казакстандын «АТФ Инвест» компаниясы келген. Кадамжай сурма комбинатынын келечеги жөнүндө анын генералдык директору Александр Валитов менен кабарчыбыз Сабыр Абдумомунов маектешкен.

- Александр Ильдарович, АТФ Инвест алганга чейин комбинат өтө начар абалда болчу, сиз ишти эмнеден баштадыңыз?
- Эң оболу эле карыздарды төлөөдөн баштадык, айрыкча буга чейин иштеген жумушчулардын айлык акыларын төлөдүк. Алты айдын ичинде комбинаты ишке кайра киргиздик десем болот.Эмне үчүн дегенде ишкана бир жарым жыл токтоп турганда көптөгөн жери таптакыр иштен чыккан болчу. Ушунун өзүнө эле биз 100 млн сомдон ашык сарптадык. 75 млн сомдук кредитордук карызды төлөдүк. Учурда 550дөй жумушчу комбинатты кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат.
- Демек комбинат али сурма өндүрүүнү баштай элек экен да?
- Жок. Мындай чоң ишкананы тез арада кайрадан толугу менен иштетип кетиш кыйын. Биз сыноо иретинде 50 тоннадан ашык өндүрүм чыгардык, аны менен катар жумушчуларды жаңы технологияда иштешти үйрөтүп жатабыз. Ошондой эле техникалык кубатуулугубузду текшерип көрдүк. Азыр сурма өндүрүүдө керек болгон концентратты күтүп жатабыз.
- Ошол концентрат же болбосо керектүү чийки затты мурда Тажикстандан алып келишчү эле, азыр аны кайдан алганы жатасыздар?
- Бизде бул боюнча өтө чоң маселе чыккан болчу. Мурдагы комбинат ээлери Тажикстан жана Россиянын тапшыруучуларынын ортосунда келишим аткарылбай келген болчу. Башкача айтканда чийки затты алары алып кайра акчасын төлөбөй жүрө беришкен. Бул боюнча карыздын өлчөмү да аябай чон. Бирок учурда Казакстандын өкмөтү аркылуу бул суроо да чечилди. Азыр эми Тажикстандан Анзоб комбинатынан жана Россиянын Чита облусунан алып келе турган болуп сүйлөштүк. Келечекте базарда биз өз ордубузду оңой эле табабыз деген ойдомун.
- Кадамжай сурма комбинаты толугу менен иштесе, дүйнөлүк базарда өз ордун таба алабы?
- Оба, эч кандай шектенбей туруп айта алам, бирок өтө кыйын. Эмне дегенде Кытай дүйнөлүк базарда дээрлик орду бар, алар сурма менен 90 пайыз камсыз кылат. Бирок Кыргызстан КМШда жападан жалгыз сурма өндүрө турган мамлекет болуп эсептелинет. Эгер биздин эсебибиз туура чыкса Кадамжай сурма комбинаты дүнөлүк базардын 5% пайызга чейин үлүшүн ээлеши мүмкүн.
- Адександр Ильдарович, комбинаттын толугу менен иштеп кетиши үчүн чечиле элек дагы кайсы маселелер калды?
- Негизги маселерден болуп илгертеден бери үйүлүп кеткен электролит же башкача айтканда туз калдыктары. Алардын көлөмү жарым млн тоннадан ашып, сакталуучу кампалардын абалы коркунучта турат. Биз азыр өкмөткө суроо коюп жатабыз, ушул жаатта ишти жеңилдеткенге жардамын бергенде жакшы болот эле.
- Жаңы бийликтегилер менен кандай мамиледе болуп жатасыздар?
- Биз жогорку бийликтегилер менен дайыма эле тил табыша албайбыз, бирок жергиликтүү башчыларга мен өтө ыраазымын. Баткен облусунунун губернаторуна, ошондой эле Кадамжай районунун акимине өтө ыраазымын.

КОНСТИТУЦИЯНЫН ТАГДЫРЫН КЕЛЕРКИ ЖЫЛЫ РЕФЕРЕНДУМДА ЭЛ ЧЕЧЕТ.

Кубат Асангазы, Бишкек Кыргызстандын конституциялык түзүлүшү жөнүндө бүткүл элдик референдум 2006-жылы өткөрүлөрүн бүгүн конституциялык кеңешменин кезектеги жыйынында Президент Курманбек Бакиев жарыя кылды.

Президенттин оюу боюнча референдумга конституциялык реформанын көп талаш-тартыш туудурган эң орчундуу маселелери коюлат. Атап айтканда, биринчи суроо Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу формасы жөнүндө болот. Калайык калк президенттик, президенттик-парламенттик жана парламенттик башкаруу формасынын ичинен бирин тандап алууга тийиш. Экинчи суроо президенттин, депутаттардын жана соттордун кол тийбестик укугун алып салуу жөнүндө коюлчудай. Ошондой эле сот реформасына байланыштуу маселелер жана референдумдун жыйынтыгы боюнча калктын атынан конституцияны өзгөртүүгө президентке жана парламентке укук берүү боюнча суроолор да болушу мүмкүн.
Президент референдум өткөрүүнүн так мөөнөтүн билдирген жок, бул маселеде алдын ала чектөөнүн кереги жок экендигин айтты.

БЮДЖЕТ КӨЙГӨЙҮ, АЛТЫН САНААСЫ

Эмдиги жыл бюджети быйылкысынан анча деле айырмаланбайт. Экономикалык өнүгүш ырааты азыркы деңгээлинен ары көтөрүлө албаса Кыргызстандын жакырчылыктан чыгышы кыйла жылдарга созулат. Парламент жабык эшик артында депутаттардын турак-жай шартын жакшыртуу маселесин карады. Таластагы алтын кенинин ишке кириши бүдөмүк бойдон калууда.

Эмдиги жыл бюджети өкмөттүн бошоң кадамын апачык көрсөткөн экономикалык документ болгонун 21-декабрдагы “МСН” гезитинде В.Тимирбаев жазып чыкты. Өкмөт өзгөчө үмүт арткан инвестиция бу жылы арбын келген жок. Жалаң чет элдик каржы көмөгүнө көз каранды Кыргызстан батыл экономикалык кадам жасамайын элдин туромушу оңолушу кыйын. Өкмөт болсо эмдиги жыл бюджетин этият эсептеп, кескин алдыга жылыш болсо убагында көрө жатарбыз маанайында отурат.

Ушул эле гезиттин жаңы санында Елена Скородумованын парламенттин турак-жай маселесин караган жабык жыйыны тууралуу макаласына да орун берилген. Бул маселени оңунан чечүүгө парламент мүчөлөрүнө ай сайын жарым миллионго жакын акча керек. Аны быйылкы, эмдиги жыл бюджетине өкмөт киргизе элек. Чын-чынына келгенде парламенттин аыркы мүчөлөрүнүн арасынан жалгыз З.Жамалидиновдун гана Бишкекте үйү жок. Парламент мүчөлөрү турак-жай маселесин чечүү үчүн атайын комиссия түзгөн.

Кыргызстан кантип өнүгүү, кандай өнүгүү жолу тууралуу 15 жылдан бери ойлонуп, башы катып келатат. Жапан өлкөсүнүн Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Тацухико Касай “Аргументы и факты Кыргызстан” апталыгыны кабарчысы Эмил Кадыровдун суроолоруна жооп берди. Аңгеме-дүкөн “Кыргызстандагы бонзай” деп аталат. Кыргызстандын экономикалык жагдай Жапан өлкөсүнө салыштырмалуу талтөөндөй өйдө. Жапандардын 125 миллион калкын батырган аймагынын көлөмү Кыргызстандан эки эсе көп. 5 миллион эли бар Кыргызстандын жери Т.Касайдын ою боюнча, кол жеткис байлык. Тек аны акыл менен иштетип, мээнеткечтиктин аркасы менен башкалар жасай албаганды жасап, ыкчам өнүгүүнүн жолуна түшүүгө мезгил жетти.

Кыргызстанда басмачылык кадимкидей жанданып, ал корунбастан эле жер, кен, байланыш компаниясы, телестудияны басып алып жатканы Дмитрий Орловдун макаласында козголгон. Басмачылыктын жөн-жайы деле жөнөкөй, кайсы бир менчик кимдир бирөөгө жагып калат. Маселе жөнөкөй басып алуу менен чечилет. Мыйзам улуулугу сакталбаган жерде талаш ким күчтүүнүн пайдасына чечилет эмеспи.

Эмдиги жыл бюджетине киргизилген “Жерүй” алтын кен долбоорунун айланасындагы кырдаал бүдөмүк болуп жатканын “Оксус Голд” компаниясынын аткаруучу директору Ричард Уилкинс 20-декабрдагы “МСН” гезитинде жарыя кылды. Компания быйыл долбоорду ишке киргизүүгө 30 миллион доллар акча бөлгөн. Кенде 700 жакын киши иштейт. Ал эми жергиликтүү “Талас Голд” компаниясынын жанынан азырынча бир да тыйын чыга элек. Кыргызстандагы алтын өндүрүшүнө алыскы Лондондогу ишкерлер көбүрөөк кызыкдар да, кыргызстандык ишкерлердин аракети көрүнбөйт. “Бул өзү таңкалыштуу жагдай”, дейт Р.Уилкинс. Эгер Кыргызстан англиялык компанияны алмаштырыгысы келсе “Оксус Голд” жабдууларын Өзбекстанга ташып кетет. А мындай жабдууларды кайра алып келүүгө бир жылдан ашуун убакыт кетет, деп маалымдайт компания президенти.

2006-жылдын апрелинен баштап 440 миллион доллар өлчөмүндө мамлекетке пайда келтирчү “Оксус Голд” компаниясынан “Жерүй” алтын кенин иштетүү боюнча лицензиясына тартып алып, ишин токтотуп койгону туура эместиги парламентте да козголгонун 20-декабрдагы “Кыргыз руху” гезити маалымдады.
Кыргызстандын экономикасын алдыга сүрөй турган ири тармак энергетика тармагы жылдан-жылга начарлап баратканы шейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезитиндеги Жаныбек Оморовдун макаласында козголгон. Кыргызстан 13 миллиард киловат саат электр энергиясын өндүрөт. Анын акысына болгону 3 миллиард сом гана чогултат. Квазифискал таңкыстыгы мамлекеттик бюджеттин жарымына жакынын түзөт. Уурдалат. Анткени энергокомпанияларда тартип жок, деп жазат макала автору. Кедей калк өндүрүлгөн электр энергиянын 6% гана пайдаланат. Калганы кайда кетет? Баарынан өкүнүчтүүсү, энергокомпаниялар электр энергиясын арзан баада сыртка сатышат.

Азыркы бийлик мурдагысынан ашып түшпөй, атүгүл анын жарамсыз адаттарын кайталоону өнөкөт кылып баратканын 20-декабрдагы “Кыргыз руху” гезити жазды. “Министрлер, губернаторлор чогулган жыйында өкмөт, мамлекет башчысы болобу аларды бир каарып алмай адат болуп баратат. ЖКнын депутаттарынын залдагы сессия учурундагы өкүргөн, кыйкырган учурларын айтпай эле коелу”, деп жазат Б.Таштаналиев.

ЖАҢЫ ПАСПОРТТУ МОЛДОВАЛЫКТАР ЧЫГАРАТ

Кыргызстандын жаңы паспортторун кайрадан молдовалык “Регистру” компаниясы чыгара баштады. Жаңы маалымат технология ресурстары жана байланыш улуттук агенттиги молдовалык ишкана менен паспорт чыгаруу боюнча жаңы келишимге кол коюшту.“Регистру” компаниясы менен паспорт чыгаруу боюнча өткөн жылкы жүргүзүлгөн иш-аракеттер ордунан чыкпай калган. Тендер бир топ мыйзам бузуулар менен өттү деп парламент жаңы үлгүдөгү паспортту берүүнү токтотуп койгон. Андан кийин ушул жылдын 17-июнунда өкмөт жаңы үлгүдөгү паспорт жасоо боюнча түштүк кореялык “Венчур Си Энд Си Плаза” компаниясы менен контракт түзгөн. Андан алты ай узабай эле кыргыз тарап бул компанияны да убадасына турбады деп кызматташканды токтотуп коюп отурат. Түштүк кореялык ишкана өз кезегинде келишимди кыргыз тарап бузду деп доомат кылууда.

Ушу тапта паспорт берүү бөлүмдөрүндө чубалжыган узун кезек күтмөйлөр көнүмүшкө айланып, атуулдук күбөлүгү жок сыртка чыга албай отурган миңдеген жарандардын арыз-муңу расмий жыйындардын дээрлик баарында айтылып келет. Молдовалык компаниянын өткөн жылдын үлгүсүндөгү паспортундагы мамлекеттик символикалар туура эмес жасалганы, паспорт акысы оголе кымбат бааланып калганын белгилеп 2004-жылдын 31-декабрында Жогорку Кеңеш атайын токтом кабыл алган. Башында 7 миллион еврого бааланган жумуш аягында 51 миллионго чаап кеткени парламент жыйынында катуу сынга кабылган.

Молдовалык “Регистру” мамлекеттик ишканасы Кыргызстан өкмөтүнө алынбай калган пайданын эсесин толтуруп беришин талап кылып эл аралык сотко арыз даярдап, 25 миллион евро акча доолай турганын маалым кылган. Жаңы маалымат технология ресурстары жана байланыш улуттук агенттигинин директору Амангелди Кенжетаевдин айтымында, мурдагы өнөктөш менен байланышты калыбына келтирүүгө молдовалык президенттин кыргызстандык кесиптеши К.Бакиевге телефон чалышы себеп болгон.

- Молдова президентинин кайрылуусу биздеги паспорт проблемасын кайрадан терең иликтеп чыгууга себеп болду. Эгер ушундай шарты болсо биз башка бир фирмага деле кайрылышыбыз мүмкүн болчу,- дейт Амангелди Кенжетаев.

Түштүк кореялык фирма биометриялык үлгүдөгү жаңы паспорт чыгаруу демилгесин көтөргөн болчу. А.Кенжетаев жаңы үлгүдөгү заманбап технологиядагы паспортторду “Венчур Си Энд Си Плаза” компаниясы деле жасай албайт дейт.

- Биометрия, чындап келсе биометриялык стандартка жакындашкан сапат түштүк кореялык компанияда деле жок.

Молдовалык мамлекеттик ишкана тарабынан чыгарылган 4 миңге жакын жаңы паспортко ээ болгон кыргыз жарандары дүйнөнүн биртоп жерлерине тоскоолдуксуз эле барып-келип жатышканын “Регистру” мамлекеттик ишканасынын оператору “Интел-Линкс жоопкерчилиги чектелген коомдун укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Жумадылов билдирди. Анын ырасташынча, азырынча кедей Кыргызстандын жарандары үчүн кымбат баа биометриялык паспортторду даярдоо кыйын. Ошол себептүү машине окуй ала турган жаңы паспортторду чыгарган эле туура.

- Азыркы учурдагы биздин экономикалык абалыбызды эске алганда биометриялык долбоорду ишке киргизүү мүмкүн эмес деп ойлойм. Анын үстүнө эларалык биримдик да андайды талап кылбайт.

Молдовалык ишкана чыгарган жаңы паспорттор жер-жерлерге жөнөтүлө баштаганын Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин паспорт-виза башкармалыгын жетекчиси Эркин Арапбаев маалымдады.

- Ажиотаж, кезек болгону. Өзүңүз билесиз, 2 – 3 жылдан бери паспорт жок. Паспорттук кризистен чыгыш үчүн пластик карточканы узарттык, 1994-жылкы үлгүдөгү паспортту узарттык. Элдин муктаж бөлүгү көп. Ошон үчүн кезектер дагыле болот. Аны азайтыш үчүн кечки сегизге чейин иштегиле деген буйрук даярдап жатабыз. Ага чейин күн узарып калат.

Түштүк кореялык компания менен кызматташуунун токтолушун Жаңы маалымат технология ресурстары жана байланыш улуттук агенттигинин аткаруучу директору Марат Бекенов мындайча маалымдады.

- Бул убактын ичинде биз түштүк кореялык компанияга жетиден ашуун талаптарыбызды жөнөттүк. Ага эки гана жооп алдык. Аны мен жанымда алып жүрөм. Анда “биз милдеттенмелерибизди аткарабыз, биз аракет кылабыз” деген жооптор бар. Бул кадыресе компания берчү жооппу?

Паспорт талашы дагыле уланууда. 25 миллион евро акчаны өкмөттөн өндүрүп аларын жарыя кылган “Регистру” өз ордуна кайрылып келди. Бул жакка жабдууларын алып келип, ишин баштаганы калган кореялык компания эларалык сотко кайрылабы же жокпу – аны азыр айта элек.

ИСХАК РАЗЗАКОВДУН ҮЙ-МУЗЕЙИ АЧЫЛДЫ

Кожогелди Култегин, Бишкек. 20-декабрь күнү кыргыздын даңазалуу мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун 95 жылдык мааракесинин алкагында аны эскерүү кечеси өттү жана үй-музейинин ачылышы болду. Соңку жылдары ПРООНдун кеңсеси катары пайдаланылып келген Исхак Раззаковдун 11 жыл жашаган үйүнүн үй-музейге айландырылышы – анын эл үчүн жасаган эмгегин кеч болсо да баалагандык катары кабыл алынды.

2000-жылы Москвадан Бишкекке алынып келип көмүлгөн Исхак Раззаковдун “Аларча” көрүстөнүндөгү кабыр-эстелигинде өткөн эскерүү кече гүл коюу аземи менен башталып, анан арбакка куран багышталды. Эскерүү кечесинде биринчи болуп сөз алган коомдук жана мамлекеттик ишмер Рабига Менсейитова буга чейин учкай сөз болуп келген сунушту коомчулукка дааналап жарыя кылды:

-Кыргызстандагы көптөгөн элдин, анын ичинде Раззаковдун жердештеринин өтүнүч-талабын канааттандырып, Исхак Раззаковичке “Кыргыз эл баатыры” наамынын берилишин аябай суранып кетем!

Токтогул районунан келген карыя журналист Эдилкан Сыргабаев Исхак Раззаковдун ченде жок чечендигине басым жасады:

-Исхак Раззакович доклад менен чыккан кезде Саякбай Каралаев “Манасты” кандай айтса – так ошондой сүйлөчү эле.

Ардагер Өзбек Аббасов Исхак Раззаковдой чыгаан жетекчиге чындап бут тоскон ошо кездеги Советтик бийликке нааразылыгын билдирип өттү:

-Сыягы, көралбастыктын айынан элүү жаш курагында Исхак Раззаковду элден, элди Раззаковдон ажыраткандар, кийин көрбөдүкпү, оңуп-жыргап деле кетишкени жок

Микрофон сунганыбызда Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев Раззаков жөнүндөгү өз баасын жана кызыктуу маалыматтарды айтты:

-Пётр Первый орустар үчүн кандай болсо, Раззаков да кыргыздар үчүн дал ошондой киши! Кызык жери, анын адабиятка да тиешеси бар экен. Өзбекстанда иштеп жүргөн кезинде кадимки Чеховдун айрым аңгемелерин өзбекчеге которуптур. Алар азыр мектептердин жогорку класстары үчүн хрестоматиясына кирип, окутулуп жатыптыр

Кабыр-эстелик жанындагы эскерүү кечесинде Раззаковдун сөөгүнүн Алатоого алынып келишине жасаган мурдагы Президент Аскар Акаевдин эмгегин эч ким атап-эскербеди эле, үй-музейинин ачылыш аземинде Раззаковдун үзөңгүлөш-кызматташы, кезинде өкмөт башы болуп иштеген Казы Дыйканбаев аксакал анүчүн Акаевге да ырахмат айтып өттү. Ал эми Бишкек шаар мэри Арстанбек Ногоев ушул үй-музейди түзүүгө астейдил жардам берген Раззаковдун кызына ыраазычылык билдирди:

-Архивдик документтерди, фото материалдарды, жеке буюм-тайымдарын, китептерин, дептерлерин, күндөлүктөрүн бергендиги үчүн Исхак Раззаковичтин кызы Эльвира Исхаковнага чоң ырахмат айтабыз!

Өз сөзүндө Вице-премьер министр Адахан Мадумаров Исхак Раззаковду мындайча баалады:

-20-кылымдагы кыргыз элинин, Кыргызстандын жолбашчыларынын алдыңкы катарында Исхак Раззаков турат. Жашоону да, мекенибизди да Исхак Раззакович сүйгөндөй сүйөлү, ишибизди да ушул адамдай жоопкерчилик менен иштейли

Эльвира Раззакова атасынын эмгегин артыкча баалаган эл-журтка ыраазычылык билдирип келип, төмөндөгүдөй өтүнүчүн билдире кетти:

-Раззаковду майрам күндөрү гана эмес, жөн күндөрү да эстей жүрүңүздөр.

Ал эми Исхак Раззаковдун үй-музейинин уюштурулушу боюнча бизге Жогорку Кеңеш депутаты Аскарбек Шадиев буларды кошумча айтып берди:

-Исхак Раззакович 1953-жылга чейин 11 жыл жашаган бул үйдө. Ошол кезде резиденция болгон экен. Исхак Раззакович көчүп кеткенден кийин бул имарат пионерлер үйү болуптур, андан кийин бала бакча болуптур. Акыркы кездерде ПРООНдун иш-кеңсеси катары пайдаланылып жаткан экен. Биз тараптан демилге көтөрүлүп, бул имарат-жайды Исхак Раззаковдун үй-музейи кылып уюштуруу боюнча Президентке кат киргизгенден кийин ПРООН башка имаратка көчүрүлүп, төрт жыл бою жалпы ремонт иштери жүрдү. 8 млн. сомдон ашык каражат кетти үй-музей кылып жасалгалоого.

Исхак Раззаковдун 95 жылдыгынын алкагындагы иш-чара ушул эле күнү Абдылас Малдыбаев атындагы опера, балет театрында да улантылды.

ЭДИЛ БАЙСАЛОВ: “БИЙЛИК МЕНЕН ЭЛДИН АРАСЫ АЛЫС”

Март ыңкылабы түпкү максатына жетпегендигин, элдин бийликке болгон ишеними азайып бараткандыгын “Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдар бирикмесинин президенти Эдил Байсалов бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына берген маегинде билдирди. Анын айтымында бийлик алмашуудан кийин өзгөрүү болбой, коррупция эки эсе өстү.

- Эдил мырза, айрым саясатчылар жердешчилик менен уруучулукту күчөтпөө үчүн айыл өкмөт башчыларын жогорудан дайындоо маселесин көтөрүүдө. Аталган пикирге сиздин көз карашыңыз кандай?

- Биз буга толугу менен макул эмеспиз. Анткени мурдагы шайлоолордо көргөнбүз, ошондо деле уруу-уруу болгон фактор роль ойногон. Анткени баары бары бир уруунун өкүлүн дайындайт. Биздин оюбузча бара-бара биздин көчүбүз түзүлөт, бара-бара демократияга үйрөнөбүз, өзүбүздүн тажрыйбабызга жетебиз. Ошондуктан шайлоо улана бериши керек. Эл шайлап алган өкүлдөр талап кыла алышы керек. Ал эми шайланган адам дайыма эл үчүн кызмат өтөшү керек.

- Учурда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал кандай? Март ыңкылабынан кийин Кыргызстанда өзгөрүү байкалабы?

- Кызылкыя, Ош, Карасуу, Жалалабат, Базаркоргондо жыйындарды өткөрдүк. Ошол жерде саясий партия, журналист, активист, бей өкмөт уюмдарынын мүчөлөрү менен сүйлөшкөнүбүздө элдин нааразычылыгы, чоң үмүттөрү акталбагандыгы ачыктан-ачык анык болуп турат. Азыркы учурда жаңы бийликтин элге берген сөзүн аткарсын деп атышат. Күндөн күнгө, айдан айга бийликтин жана элдин ортосунда болгон ажырым кеңейип, алыстап баратат. Ошондуктан элден алыстабасын, элдин сөзүн аткарсын деген сөздөр айтылууда.

- Сиз айткан элдин бийликке болгон ишениминин азайышынын себеби эмнеде? Калк бийликтегилерден кандай маселенин чечилишин күтүп жатат?

- Менин оюмча президент Бакиевдин жеке катачылыгы болобу, же жалпы командасынын катачылыгы болобу, Акаевдин эле методу менен, идеологиясы, стили менен эле иштеп келатышат. Революциядан кийин толугу менен башкача иштейбиз, коррупцияны жоебуз деген сөздөрү аткарылган жок. Аны эл байкап атат. Мурдагы Акаевдин тушунда чардап, элди тоногон адамдар азыр революционер болуп чыгып алып, майрамдап атышат. Ал эми революцияны ишке ашырган элдин талабын эч ким ойлогон жок. Коррупция азайбай эле эки эсе көбөйдү. Милиция болобу, башка укук коргоо органдарынын мамилеси өзгөрмөй турмак, кайра начардады. Элди тоноп, элди эзген көрүнүштөр мурунку менен салыштырмалуу көбөйдү деп айтып атышат. Ошондуктан президент Бакиев эл менен бирге болсун, Акаевдин системасын, режимин кулатып, накта демократиялык мамлекет куралы деген ой-пикирлер айтылып атат.

АРАБ ЭМИРАТТАРЫНА САТЫЛЫП КЕТКЕН КЫРГЫЗ КЫЗДАР АМАН КАЙТЫШТЫ

Кубанычбек Жолдошев, Ош Бириккен Араб Эмираттарына сатылып кеткен Ош шаарынын эки тургуну үйлөрүнө аман кайтып келишти. Секс кулчулугуна мажбурланган бул кыздардын бошонушуна Дубайдын полициясы жана Эл аралык миграция кызматынын өкүлдөрү жардам беришкен.

Өздөрүн Айнагүл жана Жыпара деп тааныштырган бул кыздар үч күн мурун эл аралык миграция кызматынын жардамы менен Дубай-Ош аба каттамы аркылуу учуп келишкендигин билдиришти. Ал жака кантип барып калышкандыгы жана башынан өткөргөн окуялары тууралуу 21 жаштагы Айнагүл аттуу кыз мына буларды билдирди:

- Бизди Дубайдан келген бир эже ресторанга официатка болосуңар деп жол кирени өзү төлөп алып кеткен. Ал жакта бир мейманканага жайгаштырып, жакшы кийимдерди алып берип, эки жумадан кийин клиенттерди тейлейсиң деген шарт койду. Макул болбой койсом уруп, зордуктап, видеого тартышты да, эгер алар айтканды кылбасам үйгө кассетаны жөнөтөбүз деп коркутушту. Төрт ай кордук көрүп иштедим. Бир күнү Араб полициясы келип кармап, миграция кызматына өткөрүп беришти – дейт бөтөн жерде адам соодасынын курмандыгына учураган Айнагүл айым.

Кыздар баш-агы Дубай шаарында төрт ай алты күн болушкан. Алардын мекенине кайтып келишине жергиликтүү полиция башкармачылыгы жана эл аралык миграция кызматынын тиешелүү өкүлдөрү себепчи болушкан. Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча өкүлү Бектур Аданов Ош шаарын адам соодасынын курмандыктарын жөнөтүүчү түйүнгө айланып бара жатат деген тынчсыздануусун билдирди:

- Ош шаарынан Кытайга, Бириккен Араб Эмиратына, Москвага жана башка эл аралык аба каттам жолдору ачылган. Фергана өрөөнүндө 12 миллионго жакын адам жашайт. Көпчүлүгү Кыргызстан демократия острову деп паспорту туура, визалары болсо ар кандай максат менен кетип атышат – Бектур Адановдун байкоосунда Ош шаарынын аймагындагы бир катар соода туристтик компанияларынын ишмердүүлүгү адам соодасын ишке ашыруучу объект катары күмөн саноону пайда кылат:

- Лицензиялары бар фирмалар бар. Алар Кытай, Түркия, Араб Эмиратындагы фирмалар менен сүйлөшүп, юридикалык жактан бардыгын тууралап иштешет. Баргандан кийин контрактар туура эмес чыгып, кол коюлган контрактар эмес, башка иштер болуп кетип атат – деген пикирин билдирди Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча өкүлү Бектур Аданов.

Жергиликтүү миграция кызматынын маалыматына караганда жыл башынан бери чет өлкөдөн кулчулукка мажбурланган 12 адамдын мекенине кайтып келген учурлары катталган. Ал эми жергиликтүү талдоочулар кулчулуктан бошонуп келе албай жүргөндөрдүн саны жүздөп саналышы мүмкүн деп болжолдошот.

КАБЕЛДИК ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮНҮН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

Кабыл Макеш , Бишкек Бишкек шаарынын айрым тургундары жаңы жыл алдында “Ала-ТВ” кабелдик теле көрсөтүүлөрүнүн тейлөө кызматынын баасы 60 сомго кымбаттанына кабатыр болушууда. “Ала-ТВ” Бишкектин калкын он бир тилде кабелдик алтымыштан ашуун каналдан түрдүү телекөрсөтүүлөр менен тейлеп турган өнүгүп келаткан компания болуп саналат.

Жыл өткөн сайын “Ала-ТВ” кабелдик телекөрсөтүүлөрү Бишкекте кулачын кеңири жайып баратат. Алгач 6 жыл мурда 15 канал боюнча көрсөтүүлөр менен иш баштаган бул компания 60тан ашуун каналдан ар кыл багыттагы, темадагы берүүлөрдү сунуштайт. “Ала-ТВ” компаниясынан сырткары Бишкекте “Сикатель” жана “Долон” кабелдик телекөрсөтүү каналдары дагы атаандаштык түзүп келүүдө. “Ала-ТВ” компаниясы 6 жылдан бери тейлөө акысын бир калыпта кармап келгенин, андан бери бардык тармакта баа жогорулаганын, кабелдик көрсөтүүлөр үчүн чет өлкөлүк телекомпанияларга да келишимдин негизинде төлөп турушаарын “Ала-ТВ” компаниясынын башкы директору Владислав Ногай мындайча түшүндүрдү:

-Биздин компания тууралуу айрым гезиттер бир беткей такталбаган маалыматтарды таратып, жаңы жыл алдында кардарларды кабарлабай туруп, тейлөө баасын көтөрдү деп айыптап жатышат. Беш жылдан бери туруктуу бааны кармап келдик. Жыл өткөн сайын базар баасы кескин жогорулады. Чет өлкөлөрдүн, Орусиянын телеканалдарынан берүүлөрдү келишимдик баада сатып алабыз. Алар дагы жыл сайын бааны көтөрүүдө. Ошондуктан “Ала-ТВ” кабелдик телекөрсөтүүлөрүбүз аркылуу бир айдан бери жаңы жылдан баштап бир аз баа жогору болоорун эскертип келдик. Ошого карабай кардарлардын саны өсүүдө. Айрыкча биздин берүүлөрдун ар түрдүүлүгү жана маалымат алуунун булактары көп болгону менен айырмаланат. Биз баардык салыктарды төлөп, ишмердүүлүгүбүздү ачык жүргүзөбүз. Бишкекте салык төлөбөй, каттоодон өтпөгөн бир канча кабелдик көрсөтүүнү уюштурган фирмалардын ишмердүүлүгү тууралуу сөз болбогону таң калыштуу.

Кыргызстандагы телекөрсөтүүлөрдө кызыктуу, таанып- билүүчү берүүлөр аздыгын, “Ала-ТВ” кабелдик көрсөтүүлөрдө каалаган темада көрүүгө болоорун, айрыкча жаныбарлар дүйнөсү, жаратылыш, тарыхый окуялар тууралуу берүүлөргө кызыгаарын жана балдарга чет тилдерин үйрөнүүгө өбөлгө түзүп жатканын бишкектик Гүлсара Исаева билдирди.

Кабелдик телекөрсөтүүлөр коммерциялык маскаттарды көздөп, берүүлөрдүн мазмунун, маалымат коопсуздугун эске албай жатышканын, мындай көрсөтүүлөрдү уюштурууну Кыргызтелерадиокорпорациясы дагы иликтеп жатканын КТРдын президенти Кыяз Молдокасымов маалымдады:

-Кабелдик телеканалдар ар түрдүү маалымат берип, дүйнөлүк жаңылыктар менен кабардар кылып, элди агартып- көгөртүп жатканы жакшы. Бирок маалымат коопсуздугуна залал келтирип, берүүлөрдүн мазмунуна көңүл бурбай жатышканы өкүндүрөт. Айрыкча учурда өлкөнүн түштүк аймактарында Өзбекстандын кабелдик телекөрсөтүүлөрү жергиликтүү калкка таңууланып көрсөтүлүп жатат. Башка каналдар жакшы көрсөтүлбөгөнүнөн пайдаланып өзбекче берүүлөр абдан жайылып кеткен. Кабелдик телекөрсөтүүлөр коммерциялык максатта байуунун булагына айланып баратат. Мамлекет бул тармакты көзөмөлгө алуусу зарыл. Биздин телерадиокорпорация 1990- жылдары ушундай көрсөтүүлөрдү уюштурууга демилге көрөтүп чыгып, колдоого алынбай кала берген экен. Эми биз дагы кайрадан иликтөө жүргүзүп, Бишкекте кабелдик телекөрсөтүүлөрдү уюштурууну колго алса деген максат бар.

Ал эми “Ала-ТВ” компаниясынын башкы директору Владислав Ногай чет өлкөлүк жана Орусиялык телекомпаниялар менен түзүлгөн келишимдерге ылайык берүүлөрдүн мазмунуна жооп беришпестигин, маалыматты ар ким өз ыктыяры менен тандап алышаарын, айрым көрсөтүүлөр атайын код аркылуу гана берилээрин, “Ала-Тв” компаниясы өз алдынча маалыматтык теле көрсөтүүлөрдү даярдабастыгын, техникалык тейлөө кызматын гана аркалаарын кошулмалады.

ЖАРАНДЫК КООМ КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАНЫ АЯГЫНА ЧЫГАРУУНУ ЖАКТАЙТ

Замира Кожобекова, Бишкек Кыргызстанда жарандык коом өкүлдөрү конституциялык реформаны аягына чыгаруу зарылдыгын белгилешүүдө. Өлкөнүн бардык аймактарында коомчулуктун басымдуу бөлүгү конституциялык реформаны бийлик өзү баштап коюп, кайра артка чегинип жатканына түшүнбөй жатканын «Азаттыкка» Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциациясы билдирди.

Кыргызстандын бардык аймактарында Баш мыйзамдын өзгөртүлгөн долбоорун талкуулап жатышкан жарандык уюмдар конституциялык реформаны аягына чыгаруу зарылдыгын белгилеп жатышкандыгын Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоцициясынын координатору Аида Курбанова билдирди:

-Биздин тегерек үстөлдөрдүн катышуучулары Конституцияны өзгөртүүсүз, азыркы редакциясы менен калтырууга каршы чыгып жатышат. Кошумчалар, өзгөрүүлөр киргизилүүсү зарыл деген талаптар жарандык коом тарабынан арбын коюлуда.
Конституциялык реформа жүргүзүүнү азырынча токтото туруу жөнүндөгү сунушту мамлекет башчы Курманбек Бакиев өзү киргизип жаткандыгы маалым.
Талас облусунан келген Бахтияр Камалдиновдын айтымында баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу сунушту президент өзү баш болуп киргизип, кайра кетенчиктеп жатканы элге түшүнүксүз болууда:

-Президент Конституциялык кеңешмеге өзү жетекчи болуп, жалпы элдик талкууга алып чыккан болчу. Эми ал оюн өзгөртүүгө эмне себеп болуп жаткандыгы белгисиз. Биздин тегерек үстөлдүн катышуучулары ансыз деле алардын сунуш-пикирлери Башмыйзамдын долбооруна кирээринен күмөн санап атышкан. Билбейм, бүгүнкү күндө бул суроо жоопсуз бойдон калууда.

Бахтияр Камалдинов талкуу учурунда кызуу талаш-тартышты жараткан беренелер негизинен Конституциянын долбоорундагы мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүү, сот системасынын көз карандысыздыгын камсыздоо, президенттин ыйгарым укуктары, кол тийбестиктин зарылдыгы жана мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдар болгондугун да белгилеп кетти.

Конституциянын долбоору жалпы элдик талкуудан жыл аягына чейин өтүп бүтүүгө тийиш. Бирок «Демократиялык күчтөр биримдиги» партиясы баш болгон саясий партиялар жана жарандык коомдун лидерлери талкууну январь айынын аягына чейин улантууну талап кылышууда.
Конституцияны реформалоону токтото туруу боюнча президенттин сунушу коомчулуктун айрым бөлүгүнүн арасында колдоо таап жатканы белгилүү. Мисалы, саясатчы Жолборс Жоробеков Башмыйзамга чукул өзгөртүүлөрдү киргизүүгө азырынча эртелик кылат деп эсептейт.:

-Конституциянын өзгөртүү киргизилген долбоорун тез арада же 2006-жылдын жазына чейин кабыл ала коелу деген пикирлерге мен каршымын. Себеби Башмыйзамдын долбоору окуп чыккан кишиге сыртынан гана оңдоо киргизилгенсип сезилет. Жалпы элди талкууга салгандын өзү туура эмес. Андан көрө Конституцияны жазып, аны изилдеген, ошону менен оокат кылган адистердин колуна тапшырууга тийишпиз. Алар жакшылап жазып чыккандан кийин, Жогорку кеңештин өзүндө гана кабыл алуу керек деп эсептейм.


Буга чейин маалымдалгандай, 21-декабрь күнү Конституциялык кеңешме кезектеги жыйынына чогулмакчы. Башмыйзамдын кийинки тагдыры ошол жыйында белгилүү болуусу мүмкүн.

БАЙКООЧУЛАРДЫН БААСЫ: «АРАСАТ ӨЛКӨ»

Эларалык кризис тобунун байкоочулары А.Акаев кеткенден кийинки Кыргызстандагы саясий ахывалды «арасат» - жеке бийлик менен демократиянын ортосунда олку-солку турган өлкө таризинде сыпаттады. Акыйкатта да, кийинки кездердеги окуялар жаңы бийлик батыл саясий-экономикалык реформаларды жасоого даай албай, колдон убактысын учуруп жатканын айгинелөөдө.

Эларалык кризис тобу 2002-жылы Аксы алааматынын себеп-жөнү кылдат иликтенип, бийлик андан олуттуу сабак алышын учурунда эле эскерткен. 2000-жылы үчүнчү мөөнөткө шайланган президент А.Акаев Аксыдан 6 азамат милиция огунан набыт болгондон чыккан нааразылыкты конституциялык реформа демилеси менен бас-бас кылып, бирок да проблеманы чече алган эмес.

Эларалык уюмдардын сылык-сыпаа эскертүү, жылуу-жумшак билдирүүлөрүнө бышыкулак кыргыз бийлиги топтун өткөн жылдын августунда жарыя кылган бүтүмүн деле баам сыртында калтырган. Анда А.Акаев бийлигинин күнү бүтүп баратканы ачык эле белгиленген: «Бул режимдин таянычы абыдан эле бошоң. Үй-бүлө менен ага жакын кеңешчилерди эсепке албаганда, бийликке жан тарткандардын катары азаюуда».

Ушул жылдын май айында эларалык кризистик топтун байкоочулары эгер жаңы бийлик кардиналдуу өзгөрүүлөрдү жасабай, тек кызмат орунда отургандарды гана алмаштыруу менен чектелсе Кыргызстан дагы кыйлага башаламандыктын төөбастысында каларын белгилешти. А.Акаев түзгөн баарына үстөм президенттик бийлик, бошоң мамлекеттик институттардын ичара тымызын каршылыгы барып-келип өлкөнүн келечегине коркунуч түзө баштады. Жаңы бийлик А.Акаевдин жолоюна түшпөс үчүн ириде саясий реформаларды жүргүзүшү абзел, антпесе опсуз президенттик бийлик менен алсыз мамлекеттик институттардын ортосундагы ажырымдын арты дагы тереңге кетет.

Эларалык кризистик топтун өткөн аптанын соңунда жарыя кылган баяндамасында Кыргызстандагы саясий кырдаал мурдагысынан кыйла курчуп кеткени белгиленди. Менчик бөлүштүрүү токтолбой, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасы көрүнбөй жаткан чакта жаза өтөө жайларындагы башаламандыктар башталып кетти. Азырынча өкмөт кризистен кантип чыга турган жолду табалек. Саясат таануучу Алымбек Биялиновдун ырасташынча, анын ачык саясий багыты, экономикалык программасы жок, эларалык кризистик топтун «арасат» деген баасы кырдаалды таасын мүнөздөйт.

- Ыңкылапты эл жасап жиберип, буларда программа, кай жакка бара турган максаты жок болуп калды. Азыркы учурда каякка барышты билбей жатабыз. Маселе бышып жетилип калган, конституциялык реформа жүргүзөлү дегенбиз. Ал да жүрбөй жатат. Кылчакташып жүрбөй жатат. Каякка жүргүзөбүз, кантип жүргүзүшүбүздү билбей жатышат. Азыркы система калса курч кырдаал дагыле сакталат. Өкмөттүн программасы кандай экенин мен түшүнбөй жатам. Эмне кылабыз дейт булар, кандай кылышат?- дейт Алымбек Биялинов.

Эларалык кризистик топ Кыргызстандагы башаламандыктар жалгыз эле өлкөнүн саясий-экономикалык турмушуна салакасын тийгизбей, жанындагы коңшу өлкөлөрдөгү өкүмзор бийликтин жанданышына өбөлгө түзүп ийиши ыктымал деп эсептейт. Жаңы бийликтин батыл демократиялык реформаларды жасабай, арасат турушунун бир себебин саясат таануучу Айдарбек Көчкүнов элдик революциянын алдына коюлган максат-милдеттердин аткарылбай калышына байланыштуу түшүндүрөт.

- Революция деген бул системаны өзгөртүш керек болчу. Коррупцияга белчесинен баткан бир катар чиновниктерди камакка алыш керек болчу. Мыйзамсыз жол менен менчиктештирилген ишканаларды кайра улутташтырып мамлекеттин колуна өтүш керек болчу. Бул иштер аткарылган жок. Демек, революция өз максатына жетпей, бийлик элитасы башка бир бийлик элитасы менен алмашып калды.

Ушу тапта Кыргызстан башынан кечирип жаткан арасаттыктын дагы бир тамыры Бакиев-Кулов «тандемине» барып такалат. «Кабар» агенттигинин аналитика бөлүмүнүн башчысы Жыргалбек Касаболотов эки саясатчынын мунасасы – тандеми жердигинен туура эмес түзүлгөн дейт.

- Премьер-министрдин иш тажрыйбасы негизинен күч органдарына негизделген. Президенттики экономикага негизделген. Эгер тандем тескерисинче түзүлсө бул кичине түшүнүктүүрөөк болмок. Kомандаларынын ортосунда да билинбеген карама-каршылыктар бар.

Жакындан бери жаңы өкмөт жарым жыл саясий-экономикалык реформаларды баштоого өтөле аз убакыт бөлүнгөнүн айтууга өттү. Ошол себептүү конституциялык реформага шашпай, башкаруунун кайсы түрүнө өтүү туура болорун элден сурап-билүүгө кызыкдар экенин жарыя кылды. Эл үчүн парламенттик же президенттик башкаруунун айырмасы деле жок. Ал ириде өзүнүн жеке жашоо-тиричилиги тууралуу ойлонот. Кыргызстанда болсо экономикага караганда саясий оюндардын күнү тууп келатканы дамамат айтылып келет.

“АРКЫ ЖЭЭК МЕНЕН БЕРКИ ЖЭЭК, АДАМ КРИЗИСИ, “ПИРАМИДА”

Кабыл Макешов, Бишкек 20- декабрдагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары өлкөдөгү кадр саясаты, “Пирамида” телерадиокомпаниясынын айланасындагы чыр- чатак, өлкөдөгү мүлк бөлүштүрүүнүн күңгөй- тескейлери тууралуу макалаларды жарыялашты.

20- декабрдагы “Агым” гезитинде кабарчысы Асланбек Сартбаев " Аркы жээк менен берки жээк” деген макаласында “Революция чекитин ким коет?” деп суроо коюп, жооп издейт.

“Төңкөрүштүн шарданы менен эски-жаңы бийлик аралашып, болгондо да камыр-жумур жуурулушуп келатат. Кептин түз маанисин мурдагы бийликте иштегендерде эмес, ошол чалдыбары чыккан эски бийликтин башкаруу системасынан, режиминен арылалбай, мына ушундан ички саясый чыңалуулар, ит жүрүштөр жаралып атат. Даракты түп-тамырынан жулуп ыргытуу кандай оор болсо, акаевдик режимди жулуп ыргытуу андан оор, андан кыйын. Төңкөрүш болуп өттү дедик. Аны эми революциялык үлгүгө салуу жолундабыз. Бу жагынан революция уланып атат. Эң башкысы, конституциялык реформаны К.Бакиевдин кызыкчылыгына карабай (кеңешмедеги көп кошоматчыларга айтам), мамлекеттүүлүктүн мыйзамдарына, болгондо да өзгөрүү мыйзамдарына карай бурулушубуз кажет. Тилекке каршы, бүгүнкү түзүлүп аткан конституциялык реформанын жемиши анча байкалалек. Мунун шарданы менен эски-жаңы бийлик ачык да, тымызын да тирешип атат. Эң одоносу, президентибиз эски бийликтин режиминен чыгалбай аткандагысы. Чыгабыз дегендерди четке сүрүп атканы өкүндүрөт.» дейт кабарчы Асланбек Сартбаев.

Ушул «Агымда» журналист Жеңишбек Эдигеев Жогорку кенештин төрагасы Өмүрбек Текебаевди “Сегиз сапта” сынга алган.

«- Өмүрбек Чиркешович парламентте академик болуп калды. Өмүрбек мырза депутат катары мыкты мыйзамчы экенин далилдеди. А спикер катары саясый деңгээли канчалык бийиктикке жеткенин өзүбүз көрүп атабыз. Далай сырларды, далай саясый оюндарды ичине жашырып жүрөт. Спикер катары Шеримкуловду идеал тутчу элек, Ө.Текебаев азыр андан да ашып кетти.» деген пикирин билдирген өлкөнүн каржы министри Акылбек Жапаров.


ЖК депутаты Каныбек Иманалиев Өмүрбек Текебаевдин саясий ишмердигин жогору баалаган:
«24-марттан кийин Конституция бузулду. Ошондо өлкөнү конституциялык жолго алып келүүдө анын ролу эбегейсиз болду. Өмүрбек мырзанын саясый принциби бекем, түрдүү шартта кек сактабаган, саясый менеджер. Айтор, Өмүрбек Чиркешович эл сынынан жакшы өтүп келатат, балким кийинки президенттик шайлоодо бирден-бир татыктуу талапкер болот.»


Мударис Кусеин Исаев жогоруда айтылгандардын пикирине кошулбайт.:

«Тилекке каршы, мыйзамчы талантын, мыктылыгын 24-марттагы элдик ыңкылаптын асыл максаттарына жетишүүгө жигердүү күрөшпөгөнү өтө өкүнүчтүү. Ал президент жана аткаруу бийлиги менен бир тилекте иштешкенде акыркы 9 айдын жыйынтыгы бүгүнкүдөн жакшы болмок. Эсимде, ушул жылдын 11-мартында жалалабаттыктар бүт ыңкылап үчүн күрөш жүргүзүп жатканда ал Базаркоргон районунда өздөрүнчө жыйын өткөрүп, элдик ыңкылаптын башчыларына, ошо кездеги оппозиция жетекчилерине каршы сөз сүйлөгөн. Конституциялык нук деп атып, 9 айдан бери элдик ыңкылаптын талаптары аткарылбай келүүдө. Натыйжада, ошонун айынан президент да бүгүн кыйналууда.» дейт Кусеин Исаев.

Ушул “Агымдын” кабарчысы Жолдошбек Зарлыкбеков “Жолбүгүн”рубрикасында өлкөдөгү адам кризиси тууралуу сөз койгойт. Ушул макаласынын мазмуну жөнүндө автор мындай дейт.
Биздин саясатчылар, президент баштап эмне иш жасап, эмне болуп жатканын түшүнбөй деле калышты. Крылов тамсилиндегидей кырдаал турат. Депутат А.Бекназаров мисалы, "революцияны 2006-жылдын 24-мартында бүтүрөлү" дейт. Бакиев менен Кулов экөөнүн "голубой" эмес тандемин бүтүрөлү дегениби же экөөнө шанс берели дегениби? Одурайып көрүнүп турат, премьер-министр мурдагы коллегаларындай эле укуксуз, жылаңач. Бийлик шыкактаган тарап аны криминалитетке клейлеп, шымаланып эркин иштөө эмес, актануу, укугун коргоо позициясына тыкканга аракеттенип жатат. Шанс... кыйын го.

Тандемдин тамам болорун же аман болору жаңырган Конституциянын кандай түптөлөрүнө жараша болот. Министрлер иштеп жаткандай - "жүрүп бараткандай" түр көрсөтөт. А чынында, лөк личносттордун - алардын артында турган саясый күчтөрдүн тымызын, кээде ачыкка чыга калып жаткан көрүнүшүндө кимди кимиси төөматектеп кетерин күтүп, токтоп турушат. Ошол эле маалда улуттук идеологияны оттон, таштан, экономикадан, рухтан издеп жаткан көзөлдөр - баарыбыз адамдык личность кризисинен энтигип, туйлап, кыйналып турабыз. "Өзүм түгүл көлөкөм да чарчады" деп Чилинин чоң акыны үшкүргөндөй, карапайым элдин 90 пайызы кыйналып турат. Көбү революция деп айтып жатышкан "күтүүсүз качкын жеңишинен" - 24-марттан соңку коомубуз комузга жаңы кыл таккандай жаңырат, сергек үн-күү чыгарат, жаңылар ишке жарап берет деп күткөн күтүүнүн күүсү ай санап эскирип, эл ичи "ак мышыгың деле, кара мышыгың деле баары бирдей турбайбы" маанайы күн санап арбып баратканы көзкөрүнөө.


20- декабрдагы “Аалам” гезитинде кабарчы Улан Мамбетов өлкөдөгү менчик бөлүштүрүү тууралуу кеп козгойт.
“Ыңкылап болгонго чейин шаарыбыздагы ири ишканалардын көбү, Президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү делинип келсе, учурда алардын кимге тиешелүү экендигин Өкмөтүбүз дагы жакшы билбей калды көрүнөт. Себеби, акыркы мезгилде өлкөбүздөгү ири ишкана, киреше берүүчү мекемелердин айланасындагы жаңжал күчөп, белгисиз себептер менен эле анын кожоюндары алмашып кетип жатканы коомчулукту таң калтырып келет. КООРТ, "Вечерний Бишкек, Шампанвинкомбинат, Кант цемент-шифер комбинаты, "Ак-кеме" мейманканасынын айланасындагы ызы-чуулар жаңы эле токтоп келе жатканда, коомубузду дагы башка мүлк талаштар дүрбөтүп, тынчын алды.
Тагыраак айтканда, "Пирамида" менчик телеканалы менен "Бител" уюлдук байланышына кожоюн болгусу келгендер көбөйдү. Албетте, чоң каражат алып келген тармак менен саясат жүргүзүүчү каражатка ким ээлик кылуудан качсын? Бирок, ошол адамдардын так аты-жөнү билинбей, ачыкка чыкпай жатканы көпчүлүккө кызык болууда.”
деп жазат автор.

“Ааламдын” кабарчысы Жазгүл Ибраева “Кыял" улуттук көркөм өнөр
бирикмесинин директору Султанбек Макашов менен маектешкен. Ал улуттук идеология, ишкерликке тоскоол болгон жагдайлар, көркөм мурастар, кол өнөрчүлүк аңгеме куруп берген :
"Ар бир баскан кадам коррупция. Бизде так, даана багыт жок экендиги өкүнүчтүү. Бир кезде коммунизм дечүбүз. Ошондо деле багытыбызды так аныктап ала алган эмеспиз. Бардыгы аракет менен жаралат. Бизде утопиялык идея жок. Мына мамкатчы Д.Сарыгулов улуттук идеология деп күйүп-бышып жүрөт, бирок бул нерсе улуттук, мамлекеттик масштабда жайыла элек. Бул биринчиси. Экинчиси, өлкөдө экономика менен алышкан эч ким жок. Бүт эле саясий оюндар менен алышкандар. Үчүнчүдөн, дисциплина табитибизде жок. Маселен, бирине-бири баш ийбейт. Ар бир кокту өз ханын өстүрөт. Мунун акыры биримдиктен, ынтымактан алыстатат,”- дейт Султанбек Макашов.

«Ааламдын» «Саясий шпрот» рубрикасында саясый баяндамачы Рыскелди Момбеков бул ирет Роза Отунбаева менен Замира Сыдыкова тууралуу кеп козгойт.

«Кыргыздын кыйын чыккан кыздарынын бири, элдик революциянын "локомотиви" атыккан айымыбыздын саясатта аксап турушу, көпчүлүк элибиздин көңүл назарында турат. Акаев бийлиги тушунда депутаттык мандат үчүн ажобуздун кызы менен тараза ташына түшмөй болгон. Бирок, ал кездеги коркок бийлик Роза айымды алгач талапкер катары каттап алып, кайра анысын жокко чыгарышкан. Жогорку Кеңеште отурган "Алга, Кыргызстандын!" жоон топ өкүлдөрү эжекени министрлик ээрден оодарып түшүштү. Кайрадан таза шайлоого аттанды, кайрадан шайтан оюндарга кабылып БШКга даттанды, укпай коюшту, кудум Акаев тушундагыдай. Кайрадан БУУдан кызмат орун сунуш кылаары толук мүмкүн. "Колдо бар алтындын баркы жок" деген ушу тура» деп жазат Роза Отунбаева тууралуу.


«Калеми курч, жазганы мурч, элдик журналист аталган элчи айым Замира Сыдыкованын башына кара булут айланды. Американын Кыргызстандагы аскер аба күчтөрүнүн тегерегиндеги чыр-чатактардын чындыгын айтам деп, чырдын чогун басып алды. Элдик революциянын жемиши менен элчилик кызматка жетти эле, эми эки чырдын чатагы менен ээрден шыпырылабы? Ал ортодо алыскы Америкага экс-министр айым Р.Отунбаева элчилик кызматка барат экен деген сөздөр да, эл арасында тарай баштады.» деп жазат автор.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG