Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 20:57

Кыргызстан

АЙКЫНДУУЛУК МЕНЕН ТУРУКТУУЛУК БАР ЖЕРДЕ ЭКОНОМИКА ӨНҮГӨТ

7-декабрь күнү Бишкекте «Кыргызстандын экономикасын көтөрөлү» деп аталган жыйын болуп өттү. Жыйын эл аралык ишкерлер кеңеши тарабынан уюштурулуп, ага эл аралык банктардын, компаниялардын жетекчилери, ишкерлер, бир нече өлкөлөрдүн элчилери жана премьер-министр Ф.Кулов катышты. Анда негизинен Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн жасалып жаткан иштер, чет мамлекеттик кызмат, маалымат алуунун эркиндиги, коррупцияга каршы күрөш тууралуу сөз болду.

Адистердин ишениминде чет элдик инвесторлорсуз Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү кыйынга тураарын мезгил өзү далилдеди. Бирок кийинки убактарда четтен келген ишкерлер Кыргызстанда кандайдыр бир иш баштоого каражат сарптоодо чочулоо менен мамиле жасай башташкан. 7-декабрда болуп өткөн жыйында буга эң биринчиден өлкөдөгү кырдаал , экинчиден коррупция, кыргыз өкмөтү тарабынан кабыл алынып жаткан айрым укуктук-нормативдик актылардын ыңгайсыздыгы себеп болуп жаткандыгы айтылды. Кээ бир мыйзамдардын бири-бирине карама-каршы чыгып жатканы Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө түздөн-түз тоскоолдук катары белгиленди.
Бирок премьер-министр өлкөнүн учурдагы кырдаалы канааттандыраарлык экендигин белгилеп, инвесторлорду Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө жардам берүүгө чакырды:

-Өзүңүздөр байкагандай, кийинки убакта бизге Орусия жана Казакстандык ишкерлер тарабынан инвестиция көп келип түшө баштады. Мунун өзү эле чочулоого негиз жок экенин көрсөтүп турат. Акүйдүн алдына 2-3 киши чыгып, өкмөт башчынын отставкасын талап кылуусунан эле, Кыргызстандагы кырдаал курч деп айтууга болбойт. Бул демократиялык өлкөлөр үчүн нормалдуу көрүнүш деп ойлойм.

Ошондой эле Феликс Кулов Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн жана чет элдик инвесторлорлду тартуу үчүн коррупция менен күрөшүүнүн зарылдыгын айтып, бул үчүн эң алгач сот бийлигин күчөтүү жана алардын көз карандысыздыгын арттыруунун зарылдыгын белгилеп кетти.

Бирок, Кыргызстандагы саясий-экономикалык кырдаал чет элдик ишкерлер үчүн гана эмес, жергиликтүү ишкерлер үчүн деле кооптуу болуп жаткандыгын Кыргызстандагы ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Өмүрбек Абдрахманов билдирди. Анын айтымында, ишкерлер үчүн түзүлгөн мыйзамдар көп оңдоолорго муктаж:

-Чет элдик ишкерлер эмес, Кыргызстандан биз деле качып кеткибиз келет кээде. Анткени чындыгында эле турмуш бир орунга түшпөй, стабилдүүлүк орун албай жатат. Бийлик дагы деле күчсүз болууда. Ишкерлик тынчтык болбогон жерде өнүкпөйт. Бүгүн жакшы жыйын болуп жатат, бирок өкмөттүн конкреттүү бир аткарган иши тууралуу бир маалымат бергенин көрө элекмин.
Ишкерлик боюнча мыйзамдардын ичинде ишкерликке тоскоолдук кылуучу мыйзамдар да толтура. Ошондуктан, мыйзам жазууда биз да катышуубуз керек.




Кыргызстандын экономикасын чөктүрүп жаткан негизги нерсе-коррупция деп айтылып, аны ооздуктоо үчүн көрүлгөн аракеттердин бири—мамлекеттик кызматка таза адистерди тартуу болуп саналат. Бул жагдайда мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары Асылбек Болотбаев иш жеткиликтүү болбой жаткандыгын билдирди. Буга негизги себеп: айлык акынын аздыгы болууда. Асылбек Болотбаев өлкөнүн өнүгүшүнө жолтоо болуп жаткан фактролорлдун бири—айрым кызматкерлер менен депутаттар өздөрүнүн кирешеси тууралуу декларацияны ачык көрсөткүлөрү келбей тургандыгын да айтып кетти.

Жыйында мындан тышкары мамлекеттик органдардан маалымат алуудагы эркиндиктер тууралуу да сөз болду. Анда айтылгандай, мамлекеттик органдардын көпчүлүгү маалымат каражаттары менен иштешпейт. Айрым органдардын интернет баракчалары жок, болсо да же иштебейт же кеңири маалымат алууга мүмкүн эмес.
Бирок канчалык чочулоолор болсо да, чет элдик инвесторлор Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн инветиция берүүгө кызыкдар экендигин Европа банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Даниель Бернг билдирди:

-Кыргызстанда инвесторлор менен сүйлөшүүгө даяр болгон өкмөтүнүн бар жкендигинин өзү жакшы. Бул бүгүнкү жыйындан эле байкалды. Менимче жыйындан чет элдик инвесторлор жакшы гана таасир ала алышты.

КОНСТИТУЦИЯ ДОЛБООРУНА ОШТУКТАР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Кубанычбек Жолдошев, Ош Баш мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча коомчулук өкүлдөрүнүн кеңейтилген жыйыны 7-декабрь күнү Ош шаарында болуп өттү. Жыйында айрыкча мамлекеттик тил, сот адилеттигинин камсыздалышы жана соттордун жоопкерчилиги, президенттин, Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн бийлик укуктары боюнча маселелер кызуу талукууга алынып, сунуштар айтылды.

Ош облусунун жана Ош шаарынын ар кайсы тармагында эмгектенишкен коомчулук өкүлдөрүнүн Баш мыйзамды талкуулоо боюнча кеңейтилген жыйыны мамлекеттин гимни менен ачылды. Мамлекеттик тил катары кыргыз тилинин бекитилиши жана ырасмий тил катары орус тилин Баш мыйзамдан алып салуу маселеси жыйындын катышуучуларынын ортосундагы талаштуу маселелердин бири болуп калды. Кыргызстан улуттар ассамблеясынын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы Абдыкадыр Сапарбаев орус тилинин ырасмий тил катары сакталып калышынын зарылдыгын төмөндөгүдөй шарттар менен түшүндүрдү:

- Орус тили Kыргыздарга керек. Бүгүнкү күнү жарым миллионго жакын кыргыздар Орусиянын Камчаткадан Мурмонскийге чейин тиричилик өткөрүп атышат.

Ал эми Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин деканы Сатканбай Момуналиев, тил маселесин улуттук идеологиянын башаты катары баалап, аны саясий, же болбосо экономикалык маселелер менен байланыштыруунун кереги жок деген оюн ортого салды:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили кыргыз тили деп эле жазылышы керек. Кыргызга орус тил керек деп айтып атышпайбы. Туура кыргызга орус, англис, түрк, кытай тили да керек. Анда баардыгын киргизели.

Андан соң чыгып сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү президенттин бийлик укуктарын жана жоопкерчиликтерин аткаруу бийлигинин бутагына байлап берүү зарылдыгына жана мындай системанын бир катар өлкөлөрдө өзүн-өзү актагандыгына токтолуп өтүштү:

- Премьер-министрди жоюу жөнүндөгү маселеге мен кошулат элем. Кичинекей кыргыз мамлекетине чынын айтканда эки аппарат бирин бири ар качан туурап, ушул маселе бири-бирине чалдыгып келатат. Кыргызстанга премьер-министрдин постун жоюуп эле, аткаруу бийлигинин башында президент туруш керек дегенге мен макулмун – деди Ош-3000 телерадио компаниясынын генералдык деректири Кадыр Кошалиев.

Баш мыйзамды талкуулоодогу актуалдуу маселелердин бири катары жыйындын көпчүлүк катышуучулары тарабынан сот адилеттүүлүгүн камсыз кылуу багытында соттордун көз каранды эместигин жана кесиптик жоопкерчилигин көтөрүү боюнча сунуштар көп айтылды:

- Ушул нерсени 1-статьяга киргизиш керек. Бир жыл ичинде төмөнкү инсанга чыгарылган өкүмдөрү, актылары, чечимдери Жогорку соттор тарабынан эки жолу бузулса соттор сот системасынан кетиш керек. Жоопкерчиликти жогорулатпай туруп биз эч качан адилеттүүлүктү алып келебиз деп ойлобошубуз керек – деген сунушун билдирди Ош облустук адилет башкармалыгынын башчысы Эрмамат Кожомкулов.

Баш мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча коомчулуктун кеңетилген жыйынында кырктан ашуун жазуу түрүндөгү, отузга жакын ооз эки сунуштар келип түшкөндүгү жана алар редакциялык топтун кароосуна жакында жөнөтүлөрү эске салынды.

Чек ара маселеси чечилеби? Айыл өкмөтүнө акчасы барлар эмес, аракети барлар керек .

Жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоого саналуу гана күндөр калды. Бул шайлоонун мааниси жана өтүшү тууралуу басма сөз каражаттары ар кыл пикирлерди жарыялашууда. Чек ара маселеси боюнча кеңири макала “Заман Кыргызстан” гезитинде жарыкка чыкты. Гезиттин жазышынча, чек ара маселеси мамлекеттер аралык деңгээлде чечилбей, кечиктирилип жатышы чек ара тилкесинде жашап жаткан жарандардын тынчын алып, кооптуу жагдай туудурууда.

«Заман Кыргызстан» газетасы бул аптада чек ара маселесине байланышкан «Кошуначылыктын үзүрүн чек ара чыры үзөбү» деп аталган макаланы жарыялоодо. Анда автор Улан Кожотегин Кыргыз Республикасынын Баткен жана Тажик Республикасынын Исфара райондорунун кошуна жашаган айылдарында, Өзбек Республикасынын Сох жана Кыргызстандын Баткен райондорунун айылдарынын ортосунда жер, суу талашуу маселелерине токтолот. Эмне үчүн Баткен районунун жана башка тиешелүү жетекчилер дайыма көзөмөлгө алышпайт. Качан абал курчуп, өрт чыкканда өрт өчүргүчтөрдөй шашып жетип баруу бери эле дегенде опурталдуу дешет алар.

«Баткен жана Исфара, Сох жана Баткен райондорунун айылдарынын ортосунда жер, суу талашуу сыяктуу учурлар болууда. Мындай учурда кошуна элдер кызуу кандуулукка алдырбай,өз ара түшүнүүчүлүк менен келип чыккан пикир келишпестиктерди чечип алышканы гүл үстүнө гүл эмеспи.Чек араны тактап бөлүштүрүүнүн мамлекеттер аралык деңгээлде чечилбей, кечиктирилип жатышы чек ара тилкесинде жашап жаткан жарандардын тынчын алып, бейкапар эмгектенип күн кечирүүдөн алагды кылууда”, деп жазат автор.

Гезиттин ушул эле санында автор Абдыкерим Муратовдун «Келатат! Бекназаров келатат!» деген анализ-макаласы басылууда. «Кыргыз революциясынын чабалекейи жана жаңы бийлик орнору менен башпрокурорлук кызматка отурган, бир топтон кийин ошол кызматы үчүн Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын да тапшырып, кыргыз парламентинин ак батасын алган Азимбек Бекназаров алты айда кызматынан алынды. Ал кызматтан кетип жатканда Кыргызстандын
башпрокуратурасында коррупцияга байланыштуу кырктан ашык кылмыш
иши козголуп, алардын айрымдары сотко өткөрүүгө даярдалып калган
экен. Бул иштердин арасында, албетте, мурдагы президенттин, премьер-
министрдин, бир катар министрлердин жеке өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө
таандык делген маселелер бар эле”, деп жазат гезит.
Андан ары автор окуянын мындай жагдайга бурулуп кетишине эмне себеп болгондугуна анализ жасайт.

Мындан тышкары гезиттин бул аптадагы санында Канымгүл Элкееванын «Парламентке саресеп салганда» деп аталган Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү, анын төрагасы Ө.Текебаевдин актайм деген жана Т.Тургуналиевдин «параламентти таратууга кол топтойм» деп аттанган аракети туурасында жазат.


Ушул жылдын 18 декабрнда Кыргызстанда жергиликтү өзүн өзү башкаруу органдарына шайлоо өтөт. Ошого байланыштуу өлкөбүздүн бардык жерлеринде элге эң жакын бийликтин ээлери болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин шайлоого кызуу даярдыктар көрүлүп жатат. Шайлоо алдындагы кампаниянын жүрүшүнө байкоожүргүзгөн адистердин белгилешинче, калктын бул шайлоого болгон ишеними жогорку деңгээлде турат.

Бул шайлоо тууралуу 7декабрда жарыкка чыккан “МСН”гезитинде макала орун алды. Гезиттин маалымдашынча, шериктеш өлкөлөрдүн арасында өзүн өзү башкаруу орагнадырына шайлоо Кыргызстанда гана өтөт. Автор Замир Осоровдун жазышынча, 24 март ыңкылабынан кийин жаңы бийликтин келиши менен деле айыл өкмөт жетекчилигине шайлоо Акаевдин учурундагы шайлоо системасындай кала берди.

Ал эми жума 9 декабрда чыга турган “Жаңы кылым” гезитинде орун алган “Айыл өкмөтүнө акчасы барлар эмес, аракети барлар керек” деген макалада автор мынтип жазат:

Мына ушул саясий кампания өзүнүн маани-маңызы боюнча республиканын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодон артта калчудай эмес. Айрымдары “Куру намыс баш жарат” дегендей, өздөрүнүн талапкерлерин жараса жарабаса да, жөндөмү болсо да, болбосо да куру намыска жеңдирип “Тигилерден биз кем бекенбиз” дешип көрсөтүп жатышат. Мында айылдардын, эң башкысы өздөрүнүн келечеги, жашоо-тиричилиги жөнүндө ой жүгүртүп да коюшпайт. Мындай уруучулдукка, тууганчылыкка бир областта, бир райондо, ал түгүл бир айылда жашап туруп эле бөлүнүү Акаевдик башкаруу мезгилинин тушундагы президенттик, парламенттик шайлоолордо өзгөчө күч алган. Эми ушундай көндүм адатты кыргыздын мүнөзүнөн дароо алып салуу өтө кыйын, деп жазат макала автору Жума Мамбетов.

Мындан сырткары “Жаңы кылым” гезитинде электр энергия маселесине жана өлкөдөгү кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө арналган макалалар орун алды.

КЫРГЫЗСТАН ӨЛҮМ ЖАЗАСЫН БИРОТОЛО АЛЫП САЛУУГА ДАЯРБЫ?

7-декабрда Кыргызстанда өлүм жазасын алып салуу боюнча мыйзам долбоорун талкуулаган парламенттик угуу болду. Конституциялык жана Жогорку сот жетекчилери, юстиция министри жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан бул талкууда өлүм жазасын расмий түрдө алып салуу зарылдыгы, ага убакыт жеткени айтылды. Ошол эле учурда өлүм жазасын алып салуу азырынча эрте деген пикирлер да жок эмес.

Парламенттик угууда негизинен өлүм жазасын биротоло алып салуу туралуу пикирлер басымдуулук кылды. Маселен, Жогорку сот төрагасы курманбек Осмонов демократиялык өнүгүүгө, укуктук мамлекет курууга бет алган өлкөнүн ички саясатында жаза саясаты эң негизги багыттардын бири экенин мындайча белгилейт:

- Демократиялык нукта өнүгөбүз, укуктук мамлекет курабыз деген өлкөнүн ички саясатында жаза саясаты эң негизги багыттардын бири. Өлүм жазасын алып салуу менен оор кылмыш жасагандарга кылмышына жараша адекваттуу жаза белгилөөгө өтүшүбүз керек.

Кыргызстанда өлүм жазасын жокко чыгаруу керек деген турумду тутунган акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу оор кылмыш жасаган адам бир ок менен өлүп калганча өмүр бою абакта азап чеккени туура деп эсептейт.

- Жети жылдан бери өлүм жазасына аткарууга мораторий... аягы көрүнбөйт. Эми абакта жаткандарды да түшүнүү керек, эл аралык пикирди да эске алуу керек. Же аларды атуу керек, же өлүм жазасын жокко чыгарыш керек. Эгерде кылмыш жасаган адам бир ок менен өлүп калса жабыр тарткан тарап ыраазы болобу? Менимче, оор кылмыш жасаган адам өмүр бою түрмөдө отурса, жасаган кылмышы көз алдынан кетпей, түнү менен уктабай азап чексе, ошондо кыйналган болот.

Ал эми юстиция министри Марат Кайыпов мамлекет Эл аралык пактты кабыл алып, өлүм жазасын аткарбай жаткандан кийин эми биротоло андан баш тартуу зарылдыгын айтат.

- Кыргызстан өлүм жазасынан баш тартып койгон. Соттолгон адамдар азыр эртең моратарийди жоюп салабы, же өлүм жазасын алып салабы деп, эки анжы болуп отурушат. Алардын маселеси ушул күнгө дейре чечилбей келет. Мамлекет эл аралык пактты кабыл алып, өлүм жазасын аткарбай жаткан соң, эми андан баш тартышы керек.


Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев болсо өлүм жазасын алып салуу азырынча эрте деп эсептейт:

- Менимче, өлүм жазасын калтыруу керек. Азыр биздин коом аны алып салууга даяр эмес. Европадагы өнүккөн мамлекеттер буга 30-40 жылда барса, биз 5-10 жылда эле аны алып салабыз деп шашып жаткандайбыз. Азырынча бир аз эрте. Бирок келечекте баары бир ага барабыз.

Исхак Масалиев ошондой эле өкмөт өлүм жазасын алып салууга шашып жатышынын себептерин төмөнкүчө белгилейт:
- Биздин өлкөнүн эл аралык коомчулуктун алдында бир топ милдеттенмелери бар. Ошого ылайык аны аткарыш керек. Бирок бул биздин коомдон чыккан маселе эмес. Ал сырт жактан сунушталып жатат деп ойлойм.

Ал эми юстиция министри Марат Кайыпов өлүм жазасын алып салуу эрте, атайын абак жайларын курууга Кыргызстан даяр эмес деген пикирлерге кошулбайт:

- Бул шылтоо. Өлүм жазасын кайра киргизе турган болсок мен түшүнөт элем. Өлүм жазасына соттологондорду ансыз деле атпайбыз да. Демек шартын бара-бара чечип беришибиз керек. Бирок мыйзамды кабыл алуу зарыл.

Парламенттик угуунун соңунда Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорун караган учурда бул талкууда айтылган ой-пикирлерди эске алуу тууралуу сунуш кабыл алынды. Юстиция министринин маалыматына караганда, учурда Кыргызстандын абактарында өлүм жазасына кесилген 200 чакты адам бар.

КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА ЖҮРГҮЗҮҮ ОЮНАН ПРЕЗИДЕНТ АЙНЫДЫБЫ?

Чолпон Орозобекова, Бишкек Президент Курманбек Бакиев Конституциялык реформанын тагдыры жөнүндө парламент депутаттары менен болгон жолугушууда сүйлөштү. Депутаттар парламенттик республикага өтүүгө Президентти көндүрүүгө аракет кылышкан. Президент өз кезегинде конституциялык реформаны 2009-жылга дейре токтото туруу жөнүндө оюн кылтыйткан.

Парламенттин 13 депутаты 6-декабрда Президент менен жолугуп, конституциялык реформанын тагдыры боюнча пикир алышкан. Жолугушуу жабык эшик артында болгон. Мамлекет башчы менен сүйлөшүп чыккан депутаттардын өздөрүнүн айтымында, алар парламенттик республикага өтүү сунушун айтып, ага президентти ынандырганга аракет жасашкан.
Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевдин айтымында, көпчүлүк депутаттар парламентти партиялык тизме менен шайлоо зарылдыгын айтып чыгышты. Бирок, президент партиялык тизмени жандандыруу керектигин айтып, бирок канча пайызы партиялардан келиши керектигин тактаган жок.
Депутаттын айтымында, бул жолугушууда президент конституциялык реформаны 2006- жылга чейин токтото туруу зарыл деген оюн билдирген:
- Депутаттар жаңы жылдын башында Конституциянын долбоорун парламентке коюу маселесин козгошту. Бирок, президент конституцияны азырынча өзгөртпөй туруп, реформаны 2009- жылга калтыруу тууралуу оюн айтты. Буга депутаттардын көпчүлүгү каршы чыгышты,- дейт Темирбек Сариев.
Бул жолугушуу жабык эшик артында болгондуктан ага катышкан депутаттардын көпчүлүгү анда козголгон маселелер боюнча маалымат айтуудан баш тартышты. Атын атагысы келбеген депутаттын айтымында, мамлекет башчы Курманбек Бакиев азыр конституцияны өзгөртүштүн кажети жок деген позициясын ачык айтып, бул реформаны 2009-жылы баштоо керек деген оюн билдирген.
Комчулукта азыр талкууланып жаткан баш мыйзамдын жаңы долбоорунан президент баш тартып жатат деген да ойлор айтылууда. Парламенттин мурдагы депутаты Болот Байгожоев Курманбек Бакиев элдин талкуусуна коюлган долбоордон айныды дейт:
- Менде ушундай маалымат бар. Азыр талкууланып жаткан башмыйзамдын жаңы долбоорунан президент кайра артка кайтты. Бул долбоордун кабыл алынышын эмнегедир каалабай калды,- дейт Болот Байкожоев.
Көпчүлүк саясий партиялар жана бейөкмөт уюмдар бара- бара партиялык системага өтүү зарылдыгын айтып жатышат. Бирок, президент Курманбек Бакиев Аскар Акаевдин тушундагы системаны сактап калгысы келип жатат деген ойлор байма-бай айтыла баштады. Мындай пикирин спикер Өмүрбек Текебаев да «Азаттыкка” бир нече ирет билдирген.
Коопсуздук Кеңештин катчысы Мирослав Ниязов азыркы долбоор учурда иштеп жаткан Конституциядан бир кыйла жогору деген ойдо. Анын пикиринде, Конституцияга балким 8-10 жылдан кийин кайра кайтып келебизби же жокпу, аны мезгил көрсөтөт.
Президент Курманбек Бакиев жакынкы күндөрү конституциялык реформа боюнча жаштар уюмдары, ишкерлер жана бейөкмөт уюмдар менен жолугушаары күтүлүүдө.

АКШ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕГАРАСЫН БЕКЕМДӨӨГӨ ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ

Америка Кошмо Штаттарынын атынан Кыргызстандын чегарачыларына гуманитардык жардам катары “УАЗ” үлгүсүндөгү он автомашина, “Нива” үлгүсүндөгү беш автомашина, алыскы тоолуу чөлкөмдөрдө колдоно турган бир нече компьютер, байланыш каражаттары тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын чегара аскерлеринин башкы штабында 6-декабрда өткөн гуманитардык жардам тапшыруу аземине АКШнын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Мари Иованович айым жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орунбасары - чегара аскерлеринин командачысы, генерал-полковник Мырзакан Субанов катышып, атайын протоколго кол коюшту. Мырзакан Субанов сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылууда АКШ өкмөтү жиберген материалдык-техникалык жардамдын мааниси чон экенин билдирди:

Өзүбүздүн Кыргызстандын каражаты жетпегендиктен, Америка Кошмо Штаттары бизге чоң жардам берип жатат. Себеби, чегараны чегарадай кайтарыш керек да, аны татыктуу кайтарыш үчүн талаптагыдай инфраструктура зарыл. Тоолуу жерлерде башка автомашиналар жүрө албайт, ошон үчүн америкалыктар бул жолу 15 даана «УАЗ», «Нива» автомашинасын бекер беришти. Булар дароо заставаларга жөнөтүлөт. Заставаларда чындыгында эле акыбал оор. Компьютерлерди, телефондорду да ошол заставалар үчүн беришти.

АКШ өкмөтүнүн кыргыз чегарачыларына гуманитардык жардамы “Экспорттук көзөмөл жана чегара коопсуздугу” деп аталган программанын алкагында жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын чегара аскерлеринин командачысы, генерал-полковник Мырзакан Субанов бул материалдык-техникалык жардам - Америка мамлекети тарабынан Кыргызстан чегарачыларына көрсөтүлгөн биринчи жана соңку жардам эмес экендигин да баса белгиледи:

Буга чейин да америкалыктар 27 “КАМАЗ”, 28 “Нива”, 12 “Урал” мотоциклин жана башка нерселерди беришкен. Ошолордун баары заставаларда. Демек, террорчулар менен, контрабандачылар менен чогуу күрөшүп жатабыз. Болбосо биздин колубуздан анча деле эч нерсе келбей калышы мүмкүн эле.

Америка Кошмо Штаттары тарабынан берилген материалдык-техникалык жардам кыргыз чегарачыларынын колун узартып, күжүрмөн даярдыгын чындай турганын чегара аскерлеринин басма сөз кызматынын жетекчиси, подполковник Үсөн Полотов баса белгиледи:

Америка бул техникаларды Орусиянын заводдоруна атайын буюртма берип жасатты. “УАЗ”, “Ниваларды”, маселен, биздин жердин шартын эсепке алып туруп, ушундай тоолуу, жолу жок жерлерге ылайыкташкан. Өткөрүү пункттарын эл аралык үлгүлөргө ылайык реконструкциялоого да жардамдашууда. Анан алыскы тоолуу заставаларды байланыш каражаттары менен камсыздоо милдетин да алышкан. Мурда биздин рациялар эки дөңдүн ортосунда туруп калса – албайт эле да. Азыркы берген байланыш каражаттары менен каалаган учурда каалаган заставалар менен сүйлөшсө болот.

Подполковник Үсөн Полотов эмне үчүн америкалыктар кыргыз чегарачыларына Американын эмес, Орусиянын автомашиналарын жана буюм-тайымдарын жардам катары берип жаткандыгына да түшүндүрмө берип өттү:

Эсиңиздерде болсо керек, Америка адегенде Өзбекстанга өздөрүнүн техникаларын бербеди беле, алардын тетиктери өтө кымбат экен да. Ошо техникаларды оңдоо үчүн оңбогондой көп каражат сарпталат экен кийин. Орусия болсо – биздин рынок. Америка биз үчүн техникаларды ошо Орусиядан буюртма менен чыгарып – абдан туура чечимге келген. Кийин оңдоп-нетиш да жеңил болот бизге.

Америка Кошмо Штаттары тарабынан Кыргыз Республикасынын чегара аскерлерине көрсөтүлгөн буга чейинки, демек, үч жылдан берки материалдык-техникалык жардамдардын жалпы наркы 2 млн. 638 миң 220 америка долларын түзөт.

АКШдагы ЭЛЧИГЕ ПРЕЗИДЕНТ БАКИЕВ СӨГҮШ ЖАРЫЯЛАДЫ

Чолпон Орозобекова, Бишкек Тышкы иштер министрлиги менен макулдашпай туруп, Ганси аскердик базасы тууралуу билдирүүлөрдү жасагандыгы үчүн президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Замира Сыдыковага сөгүш жарыялады.

АКШдагы элчи Замира Сыдыкованын АКШнын Кыргызстандагы аскердик базасы жөнүндө америкалык басылмаларга айткан пикирлери ырасмий Бишкекке жаккан жок. Алгач Тышкы иштер министрлиги элчини айыптаган билдирүү таратып, андан кийин президент сөгүш жарыялап отурат. Бул окуя коомчулукта ар кыл кабыл алынды.

Тышкы иштер боюнча мурдагы министр Аскар Айтматов кыргыз дипломатиясынын тарыхында элчиге сөгүш жарыялаганды биринчи жолу жолуктуруп отурам дейт:
- Анын пикири президенттин пикири менен дал келген. Ал президенттин гана сөздөрүн кайталады. Ал элчи эмне кылыш керек болсо, ошондой кылган. Тескерисинче, ага алкыш жарыялаш керек болчу. Ушул окуядан кийин Замира Сыдыковага эл аралык коомчулукта мамиле өзгөрүшү ыктымал,- дейт Аскар Айтматов.

Бул маселе боюнча президенттик администрациядан жана Тышкы иштер министрлигинен жооп алуу аракетибиз майнапсыз болду. Бирок коомчулукта Замира Сыдыкованын дипломатиялык кызматта тажрыйбасыздыгы ушуга алып келди деген да пикирлер бар. Саясат таануучу Нур Омаров мындай дейт:
- Ал көптөгөн жылдар бою оппозициялык маанайдагы республикалык басылманы жетектеп жүрүп, өтө курч айтып жана өз жеке пикирин айтып көнүп калган. Ар кандай алдыга озунуп чыгуулар ушундай жыйынтыктарга алып келет да,- дейт Нур Омаров.

Буга чейин кыргыз дипломатиясынын тарыхында элчиге сөгүш жарыялаган факт болбоптур. Муну Тышкы иштер министрлигинде иштеген, атын атагысы келбеген адам да тастыктады. Анын айтымында, мындай окуя Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болду. Президенттин элчиге карата мындай чечимин сынга алган пикирлер да басымдуулук кылат.
Саясат таануучу Токтогул Какчекеев Кыргызстанга бул нерсе аброй алып келбейт дейт:
- Башка бир да мамлекетте элчиге сөгүш жарыялабайт. Биринчиден, элчи деген оңой кызмат эмес, анын орду миниcnрдикинен да жогору. Экинчиден, бул нерсе мамлекеттин тайкылыгын көрсөтөт. Колхоздун бригадириндей болуп, совет доорунан калган эски ыкманы колдонгондугу уят эле. Сага сөгүш, сага чоңураак сөгүш, тигиге андан да чоң сөгүш деп отурганыбыз болбойт да. Азыркы бийлик Замира Сдыкованы бул кызматтан алгысы келип калды окшойт, ошого шылтоо издеп атышат го,- дейт Токтогул Какчекеев.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун пикиринде, президенттин бул кадамы мамлекеттик кызыкчылыктарга каршы келет жана кыргыз дипломатиясынын кадырын түшүрөт.

14-ноябрда америкалык “Файненшл таймс” гезити Замира Сыдыкованын Ганси америкалык базасы тууралуу айткандарын жарыялаган. Анда буга чейин америкалык тарап база үчүн жетиштүү каражат төлөбөй келген деген пикири айтылган. Ошондой эле “Нью-Йорк таймс” гезитине жарыяланган маегинде да Замира Сыдыкова Кыргызстан АКШдан база үчүн көбүрөөк каражат талап кылууда деген өңүттөгү ойлорун айткан.

Соңку кезде Ганси аскердик базасынын тегерегинде талкуу катуу жанданып кеткени жашыруун эмес. Президент Курманбек Бакиев журналисттерге америкалыктар жердин ар бир чарчы метри үчүн эл аралык стандарттар боюнча төлөшү керек деп айтканы да бул талкууну ого бетер күчөттү.
5- декабрда вице-премьер министр Адахан Мадумаров Азаттыктын кабарчысына Ганси аскердик базасы боюнча жаңы келишим түзүлүп атканын ырастаган. Мадумаровдун айтымында, мурунку бийлик Кыргызстанга пайда келтирбей турган келишим түзүп койгон, эми эки тарап үчүн бирдей теңата келишим түзүлүп атат.
.

МУГАЛИМ МЕНЕН ДАРЫГЕРДИ ДА ЭСТЕП КОЙГУЛА

Кыргызстанда саясий партиялардын катары арбыгандан арбып баратат. Адистердин баамында, мындай активдүүлүк эртеби-кечпи келе турган парламент шайлоонун даярдыгы, Кыргызстан тандап алчу саясий жолдун багытын аныктоо аракетинен улам чыгууда. Парламент эмдиги жылдын бюджетин кароого киришүүдө.

6-декабрдагы «МСН» гезити президент К.Бакиев менен болгон маекти жарыялады. К.Бакиевдин ырасташынча, мурда кайсы бир оппозициялык партия түзүлсө сөзсүз ага каршы турчу өкмөтчүл саясий күчтөр куралчу. Бир саясий күчкө экинчисин тукуруу, өкмөтчүлүн боорго тартып, бийликке каршы чыккан партияны куугунтукка алуу А.Акаев бийлиги тушунда кадыресе көнүмүшкө айланган.

Азыр болсо парламенттик республикага өтүү демилгеси байма-бай айтылууда. Бирок бул Кыргызстан үчүн бираз эрте, дейт К.Бакиев. Президент орус тилдүү калктын камын жеген «Биримдик» деген аталышта жаңы партия түзүлүшүн каалай тургандыгын билдирген.

Ушул эле гезитте өкмөт менен жеке ишкердиктин мамилеси кулагы каңырыштардын сүйлөшүүсүн элестетерин, эки тарап тең азырынча өздөрүнүн монологу менен алектенип отурушканы Лариса Линин макаласында козголгон. «Бардыгынын жеке секторго көмөк көрсөткүсү келет. Бирок анын баары кантип деген суроого барып такалат», дейт «Инвестициялык тегерек үстөл» долбоорунун жетекчиси Жоомарт Оторбаев. Анын ырасташынча, быйылкы жылы Кыргызстанда экономиканы өнүктүрүүгө караганда, саясий атаандаштыктын күнү тууп, маанилүү багыт баамдын сыртында калды.

Акыйкатта да 9 партиянын башын кошкон «Кыргызстан элдик кыймылы», ага удаа түзүлгөн «Атажурт» кыймылдарынын бийлик алмашкандан кийин активдүү иштен четтеп кетиши аларга кошулган саясий партиялардын көздөгөн багыт, программаларынын ар түрдүүлүгүндө дейт И.Кадырбеков ушул эле гезитте жарыяланган маегинде.

Парламент депутаттары эмдиги жыл бюджетинин долбоорун талкуулоону баштайт. 15 жылдык реформа топ социалдык маселелерди чече алган жок. Социалдык аялуу катмарлардын арасында мектеп мугалимдери менен дарыгерлердин айлык маянасын, иш шартын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулушу керек, деп жазат Базарбай Мамбетов 6-декабрдагы «Слово Кыргызстана» гезитинде. Эгер Жогорку Кеңеш базарда отурган мектеп мугалимдери менен дарыгерлерди иштеген жерине кайтарууга шарт түзө алар акчаны – жылына 3 миллиардга жакын сомду, жаңы бюджетке киргизе алса өлкөдөгү социалдык абал кыйла оңолот эле, деп белгилейт Б.Мамбетов.

Мындан чейрек кылым илгери атып өлтүрүлгөн Кыргызстандын Министрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибаримовду эскерүү кечелери өтүп жатканы мезгилдүү маалымдоо каражаттарынын дээрлик баарында козголду. Султан Ибраимовдун трагедиялуу өлүмү тууралуу шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезитинде Мундузбек Тентимишевдин «Кебелгис СССРдин ичтен ирип жатканын ок менен туйгузган 4-декабрь» деген макаласы жарыяланды. «Ысыккөл боюнда атылган андагы октун заказчылары ким эле да, шыкакчылары ким эле? Тилекке каршы, биз аны билбейбиз», деп жазат автор.

Султан Ибраимовдун атылып өлтүрүлүшүнүн артында кимдер турганы табышмак бойдон калганы шаршембидеги «Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгындагы Владимир Угольниковдун макаласында да козголгон.

КЫРГЫЗСТАН- ТУРИЗМ ӨЛКӨСҮ БОЛО АЛАБЫ?

Өлкөдө туризм тармагы спорт жана жаштары саясаты боюнча мамлекеттик комитетинен өнөр жай, соода министрлигинин карамагына өткөндөн кийин «Кыргызстан- туризм өлкөсү» деген жаңы туристтик клуб, долбоор түзүлдү. 6-декабрда Бишкекте ушул долбоордун бетачаары өттү.

Чет өлкөлүктөр Кыргызстандын кооз жаратылышы,туристтик зор мүмкүнчүлүгү жөнүндө дүйнө коомчулугуна кабарлап, бул аймакта альпинизмди, аңчылык туризмди,экологиялык туризмди,тобокелге баш байлаган рафтинг мелдештерин уюштурса болоорун белгилеп жүрүшөт.
Жаңы бийлик тарабынан спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин курамынан туризмди өнөр жай, соода министрлигинин курамына бергенин адистер туура көрүшүүдө.
Ысыккөлдө эс алуучулардын 70 пайызын казакстандык туристтер түзгөнү менен быйыл алардын саны азая түшкөнүнүн себептерин жана өлкөдө туризмдин өнүгүшүнө тооскол болуп жаткан жагдайлар тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Өмүрзак Өзбеков мындайга түшүндүрдү:
-Биринчиден туристтерди тейлөөнүн сапатын, маданиятын жогорулатуу зарыл. Тейлөө менен баанын айырмасы асман менен жердей болуп турат. Экинчиден Кыргызстанда жолду оңдоп, жаңыдан салуу керек. Биз тарап Алматыдан Бишкекке чейинки жолду кайра оңдоп курдук. Эми Кыргыз өкмөтү жок дегенде Бишкектен Чолпонатага чейинки жолду жөн эле жамаачылап, оңдоп койбостон кайра кеңейтип жаңы салуусу зарыл . Анан аба жол каттамдарын дагы жакшыртуу керек. Жолдон чет өлкөлүк автоунааларды себеби жок токтотуп, тоной бермей адатты коюш керек. Ысыккөлгө инвестиция алып келүүгө кызыгдар, дилгир казак бизнесчилери арбын. Алардын куруп койгон эс алуу жайларын эртең тартып албайт деп кепилдик болчу мыйзам актыларын кабыл алуу шарт.

Кыргызстандагы 24-марттагы окуялардан кийин өлкөдө туризм болгон жана боло бере турганын дүйнө коомчулугуна маалымдоо үчүн «Кыргызстан- туризмдин өлкөсү» аттуу клуб түзүлүп , бул тармакка кызыккандардын башын бириктирди. Аталган клубдун бетачаарына катышкан өлкөнүн вице- премьер министри Адахан Мадумаров Кыргызстандын кооз жаратылышы туризмдин өсүп- өнүгүшүнө өбөлгө түзөөрүн, ал үчүн туристтерди тейлөөнүн деңгээлин жогорулатууну, коопсуздукту жана маркетинг кызматын колго алуунун зарылдыгын белгиледи.
«Кыргызстан- туризм өлкөсү» клубунун жетекчилери шайланып, клубдун президенти болуп- өлкөнүн өнөр жай, соода жана туризм министринин орун басары Турусбек Мамашев дайындалды. Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү тууралуу сунуш-пикирлер айтылды.
Өлкөдөгү туризмдин өсүп- өнүгүшүнө тоскоолдук кылган жагдайлар, рекламанын жоктугу, кадрлардын билим денгээлинин төмөндүгү деди Кыргыз улуттук университетинин туризм кафедрасынын башчысы, профессор Турду Жыргалбеков:
- Дүйнө коомчулугу Кыргызстан жөнүндө өтө аз билишет. Маалыматтан аксап турабыз. Реклама, маркетинг кызматын колго албай жатабыз. Ал үчүн каражат керек. Анан дагы туризм кадрларынын билим деңгээли учур талабына жооп бербейт. Бийик кабаттуу мейманканалардан, шаарлардан батыштык туристтер тажап бүтүштү. Биз аларга Кыргыз туризмин тартуулап, өзгөчөлөнгөн улуттук этнографиялык, ат, боз үй, аңчылык, рафтинг жана башка туристтик кызматтарды сунуш кылуубуз керек. Кыскасы Кыргызстандын туризм тармагына төңкөрүш керек болуп турат.

Жаңы түзүлгөн “Кыргызстан-туризмдин өлкөсү” туристтик клубунун негизги максаттары тууралуу Кыргызстандын өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин орун басары Турусбек Мамашев мындай деди:

- Жаңы түзүлгөн туристтик клуб ушул тармакта иштеген коомчулукту, эл аралык уюмдарды, элчиликтерди, коомдук- мамлекеттик ишмерлерди, илим, маданият тармагынын кызматкерлерин бириктирип, туризмдин негизги өзгөчөлүктөрүн, багыттарын терең түшүндүрүү менен коомчулукка бул тамактын маанилүүлүгүн таанытмакчы. Эл аралык, чет жерден келген туристтерди тейлөөнү жакшыртуу аракетин көрүү менен туристтик базардагы конкуренттүү атаандаштыкты калыптандырууну да көздөйт. Мына ушундай милдеттерди аткарууда өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын ролу жогору. .

Чынында быйыл Ысыккөлдө эс алуучулардын саны кескин азайган. Быйыл чет өлкөлөрдөн 650 миң турист Кыргызстанга келген. Жыйында Ысыккөлдөн сырткары башка аймактарда дагы туризмге көңүл буруунун зарылдыгы айтылды. Эмдиги жылы жайында Соңкөлдө эл аралык фольклордун фестиваль өткөрүлөөрү маалымдалды.

АСКЕР БАЗАЛАРЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮПКҮ ТАЛАМДАРЫНА ТӨП КЕЛЕБИ?

«Кант» аба-аскерий базасынын азыркы жагдайын жана келечегин талдаган тегерек үстөлдөгү талкуу 6-декабрда Бишкек шаарында өттү. Тегерек үстөлдө авиабазаларын Кыргызстанга жайгаштырган АКШ, Орусия мамлекеттеринин саясий кызыкчылыктары, ага байланышкан проблемалар, пайдасы, өксүктөрү тууралуу сөз болду.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында Орусиянын аба-аскерий күчтөрүн жайгаштыруу маселеси 2002-жылдын 5-декабрында кол коюлган аскерий кызматташтык тууралуу келишимде камтылган. Муну тараптар ар кандай коркунучтардан аймакты сактоо үчүн туруктуу база түзүү максаты менен байланыштырышкан. Орусиянын бул кадамын эксперттер дароо эле «Ганси» авиабазасына атаандаш база түзүү, ал аркылуу АКШнын Борбор Азиядагы таасирин басаңдатып, өз таасирин күчөтүү аракети катары баалап чыгышкан. Бул маселе 6-декабрда өткөн тегерек үстөлдө да кызуу талкууга түштү.Эл аралык илим изилдөө институтунун эксперти Леонид Бондорецтин көз карашына караганда, АКШнын үстөмөндүгүнө жол бербөө максатындагы аракет жамааттык коопсуздук келишими уюму аркылуу 1999-жылы башталган.
Тегерек үстөлдө башкы доклад жасаган «Евразия иликтөө институтун» өнүктүрүү фондунун төрагасы, экс-министр Аскар Айтматовдун оюнда атаандаш эки залкар мамлекеттин аскерий базасынын Кыргызстанда жайгашып турушу опурталдуу:

- Кыргызстанда эки залкар мамлекеттин аскерий базаларынын турушу айрыкча биздин чакан, жакыр өлкө үчүн опурталдуу. Биздин өлкө өз аймагында аскер базаларын геосаясий атаандаштыктын же сооданын куралына айландырууга жол бербейт.

Ошондуктан, экс-министр Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыктарын салмактап туруп, өнөктөшүн тандап алышы керек дейт. Анын оюнда Кыргызстан үчүн башкы аскерий-саясий өнөктөш Орусия болуп саналат. Ал эми Ганси авиабазасынын иш жүзүндө жеке гана АКШнын базасы катары сакталып турушу жана анын Кыргызстанда болуу мөөнөтүнүн узарып келатышы жагдайды курчутпаса жеңилдетпейт. Ошондуктан, «Ганси» авиабазасына байланыштуу Жогорку Кеңеш парламенттик угуу өткөрүп, анын жагдайын аныкташы шарт. Стратегиялык иликтөөлөр боюнча эл аралык институттун директору Валентин Богатырев америкалык базанын кетиш-коюшун Бириккен Улуттар Уюму чечиши керек дейт:

- Манастагы база боюнча биргелешкен билдирүүдө бул маселени БУУ чечиши керек деген жобо бар. Башкача айтканда, Ооганстандагы операцияга БУУ мандат берген соң, операция бүттүбү, бүткөн жокпу, милдет өтөөсүнө чыктыбы – бул маселени ушул уюм чечиши керек.

Анткен менен, Борбор Азиядагы америка университетинин профессору Афтан Кази Ганси авиабазасы Кыргызстанда дагы төрт-беш жыл турат деген ишенимде. Дегеле бул базанын Кыргызстанда болушу Борбор Азия аймагында тең салмактуулуктун сакталышын шарттайт:

- Эгер АКШнын региондогу орду басаңдап калса, Кытай менен Орусия кызыкчылыктарындагы карама-каршылыктар тереңдеп, ал инвестициялоо жараяндарын токтотуп коет.

Мындай көз карашты саясат таануучу Леонид Бондорец мындай негиздемени жокко чыгарып, Кытай менен Орусиянын кызыкчылыктарын ШКУ тең салмактап турат деп санады:

- АКШнын кызыкчылыктары Борбор Азия мамлекеттеринин кызыкчылыктарына дал келбейт. Ошондуктан, инвестиция аркылуу коркутуу туура эмес.

Анткен менен, эксперттердин бири Сыргак Абдылдаев Кыргызстан ириде өзүнүн кызыкчылыктарын бардык кызыкчылыктардан жогору коюуга жетишүүсүн каалады.
Кыргызстандын кызыкчылыктары Орусиянын кызыкчылыктары менен дал келет деп эсептеген тегерек үстөлдүн катышуучуларынын басымдуу бөлүгү тегерек үстөлдө Кант аскерий аба базасынын келечегине ишенимин билдирди. Ошол эле учурда бир катар өксүктөрү белгиленди. Алардын катарына экономикалык камсыздоонун жетишсиздиги, аренда акынын төлөнбөгөндүгү,өнөр жай комплекстерин иштетүүчү шарттардын түзүлбөгөндүгү, экологиялык коопсуздуктун сакталбагандыгы өңдүү маселелер аталды. Ошондуктан, талкуунун катышуучулары өкмөткө келишим белгилеген жоболордун аткарылбагандыгы үчүн Орусиядан Кыргызстандын карыздарын реструктуризациялоо, келишимдердин так аткарылышын талап кылуу, келишимдин айрым өңүттөрүн кайра кароо маселелерин көтөрүүнү сунушташты.
Бул тегерек үстөлгө жарандык коомдун, саясий партиялардын, өкмөттүн өкүлдөрү, эл аралык, жергиликтүү эксперттер, аскерий жооптуу кызматкерлер катышты. Иш чараны «Евразия иликтөө институтун» өнүктүрүү фонду, коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясы, жергиликтүү жамааттар конгресси уюштурду.

<I>Жыргалбек АЗЫЛОВ</I> : АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫЛАРЫН ШАЙЛООДО ЭЛ БӨЛҮНҮП ЖАРЫЛУУДА

Нарын облусунда быйылкы жылы түшүмдүүлүк мурунку жылдарга караганда аз алынгандыгынын себеби эмнеде? 18-декабрда болуучу айыл өкмөт башчыларын шайлоого Нарын облус губернаторунун милдетин аткаруучу эмне үчүн каршы? Көмүр менен камсыздоодо өкмөттүн саясатында коррупция барбы? Мына ушул жана башка суроолор тегерегинде Нарын облус губернаторунун милдетин аткаруучу Жыргалбек Азылов менен маектешкен.

- Урматтуу Жыргалбек мырза, кеп оболун облустун негизги тармагы катары эсептелинген айыл-чарбасы боюнча баштасак. Мисалы, быйыл түшүмдүүлүк төмөн болуп, натыйжада дүң жыйым аз алынды. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

- Көп жылдардан бери гектарына 24-25центнерден алдык дейт. Нарындын шартында 24-25 алыш анча оңой иш эмес. Атайын үрөн чарбалар 30-40дан алышы мүмкүн. Айыл чарбасында биз былтыркы деңгээлден төмөн түшкөн жокпуз. Кээ бир райондордо буудайдын жыйынтыгы начарырак болуп калды. Бирок былтыркыдай, мурдагы жылдагыдай кылып биз бул цифраны көтөргөн жокбуз.

- Каракечедеги кырдаал курч бойдон калууда. Бул боюнча жергиликтүү бийлик кандай вазийпаларды аткарды?

- Негизинен бүгүнкү күнгө чейин бийликтин бардык тармагы эл менен бийлик органдарын бири-бирине карама каршы койбойлу деп иштеп келдик. Экинчиден, жок дегенде облусубузду аягына чейин көмүр менен камсыз кылалы деген аракет менен келдик.

- Биздин облуста дагы бир көмүр казылган аймак бар – Турук көмүр кени. Бирок аларга бюджеттик мекемелер миллиондогон сом бересе боюнча калууда?

- Турук боюнча чындыгында 2001-жылдан бери биздин бюджеттик мекемелер, өзгөчө Атбашы районунун карызы бар.

- Ушул маселе чечилүүдөбү?

- Курманбек Бакиевдин түздөн-түз 2 млн. 200 миңди жаап бер деген тапшырмасы бар. Ошонун ичинен 1 млн. 800 миңи Атбашынын, 400 миңи Акталаанын карызы.

- Айтсаңыз, эмне үчүн бюджеттик мекеме-уюмдар жыл сайын бересе болуп кала беришет?

- Көмүрдүн өзүнүн баасын карайт да, транспорттун чыгымын карабай коюшат, же болбосо тескерисинче. Каржы министрлиги жылдын аягында өз ара эсептешип жаап беребиз деп келген. Бул бүгүнкү практика эмес, бул тээ 2001-жылдан бери келаткан практика. Бул аябай туура эмес практика, жакшылыктан деле чыкпаса керек. Бул нерсени өзүнүн элине кылып аткан кыянаттык деп эсептебейм. Бирок бюджеттин акыбалынын оордугу, анча-мынча коррупциянын бардыгы ушуга алып келди болуш керек деп ойлойм.

- Алдыда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу башчыларын, же болбосо айыл өкмөт башчыларын шайлоо кирип келди. Бирок сиз бир курдай ушул шайлоонун кереги жок эле деп айтканыңыз болгон. Ушул боюнча кененирээк оюңузду айта кетсеңиз?

- Мен бул шайлоого өзүм каршымын. Айыл өкмөттөрдүн шайлоосу элди дагы бөлөт деп эсептейм. Себеби Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо чоң-чоң уруу-уруу болуп бөлүнүп, бири-бирине ушул күнгө чейин жакшы эмес көз караштар болуп атат. Ал эми айылдык шайлоодо андан да майдаланып кетебиз.

- Кечиресиз, бирок эл шайлаганда айыл өкмөттөрдү алмаштыруу аз болду деген тыянактар айтылып жатпайбы?

- Төрт жылга көпчүлүк шайлоодон өткөн айыл өкмөттөрү эптеп-септеп эле иштеп келишти. Качып кеткенден уялат, жок иштейин десе колунан келбейт, анча-мынчасынын эле эрдиги жетип, атуулдук сезими барлар гана мен иштей албайт экемин деп өздөрүнүн арызы менен кетип атышат. Калгандарынын баары ушул күнгө чейин сүйрөлүп келатат.

- Соңку соболубуз мындай, сиз облустук жетекчилигине март окуясынан кийин келгенсиз. Бирок губернатор Нарынга токтобойт деген коомдук пикир бар. Сиздин жообуңуз?

- Кабинетте эртеден кечке чейин отургандан эч кандай пайда жок. Жерди кыдырып, эл менен жолугуш керек. Облустун ар бир айылына жеткенге аракет кылып атам. Ошондуктан мени кабинетиме келип көп кишилер таппай калышы мүмкүн. Мен төрт жыл биринчи орунбасар катары чапкылап эртең менен кетип, эки–үч күн түнөп калып иштеп жүрө берчүмүн. Ошондой система менен иштеп атам азыр. Ошондой эле эл менен жолугуп атам. Аны райондун эли өздөрү билет.

- Маегиңизге рахмат.

СОТ ӨКҮМҮНӨ НААРАЗЫЛЫК МЫЙЗАМСЫЗ КАДАМДАРГА ТҮРТҮШҮ МҮМКҮН

Кубанычбек Жолдошев, Ош Адам өлтүрдү деген оор кылмыш иши менен жети жылга соттолгон Алихан Ташкаджаевдин туугандары жана жактоочулары Ош шаардык сотунун өкүмүнө нааразылык билдиришти. Алардын пикиринде айыпталуучуну коргой турган далилдердин бири да эске алынган эмес жана судья бир жактуу чечим кабыл алып койгон. Ишти караган сот Данияр Багишев өкүм мыйзамдын жетекчилигинде чыгарылгандыгын айтып, өзүнүн атына коюлган дооматтарды четке какты.

Соттолуучу Алихан Ташкаджаевдин жакындары ички иштер кызматкерлери айыпталуучуга карата жасалма тергөө ишин козгоп, шаардык соттун судьясы адилетсиз өкүм чыгарды деген нааразычылык менен өлкө жетекчилигине жана коомчулукка кайрылуу жолдошту. Алардын сөзү боюнча айыпталып жаткан айдоочуну 19-июль күнү түндөсү он чакты жаш жигит уруп-сабап, эсин жоготуп койгондон кийин качып кетишкен. Эртеси түнү кол салган адамдардын арасынан Бекжан Урайимов аттуу жигиттин өлүмүнө шектүү деп кайра айдоочу Алихан Ташкаджаевди кармашкан. 28-ноябрь күнү ал шаардык сот тарабынан 7 жылга соттолду. Алихан Ташкаджаевдин жактоочусу Сайипали Ахметов соттук териштирүүлөр одоно мыйзам бузуулар менен өттү деген оюн билдирди:

- Сот ишинде Ташхаджаевдин айыпсыз экендигин тактаган далилдердин бири да эске алынган жок. Анын ордуна тергөөдө жасалма чапталган кылмыш ишинин эпизоддору колдоого алынып, өкүм сот тарабынан бир жактуу чыкты. Бул жерде жабырланган адамды кайра оор кылмыш боюнча айыпталуучу кылып чыгарышты. Mенин коргоомдогу Ташкаджаевдин балдардан токмок жегендигин тастыктаган далилдер, андан соң балдардын качып кеткендиги боюнча деталдар да эске алынган жок.

Ал эми соттолуучунун бир тууган агасы Азиз Ташкаджаев болсо анын инисин урган жана өздөрүнүн шеригинин өлүмүнө дагы кандайча бир деңгээлде себепкер деп шектелүүгө тийиш болгон он баланын ата-энеси күнөөнү айдоочуга оодарып суудан кургак чыгып кетишти деген оюн ортого салды:

- Жогоруда аталган он бала менин инимди уруп, эсин жоготкондо качып кетишип, анан өздөрүнчө чатакташып кетишип, бир шеригин жоготуп алышкандай. Барып келип эле эч илинчек таба алышпай алардын ата-энелери жана тергөөчүлөр жабырлануучу болгон менин инимди кайра камап отурушат. Ушул да адилеттикпи. Соттор, милициялар үчүн адамдын тагдырын сындырып коюш ушунчалык оңойбу? – деп суроо коет соттолуучунун агасы Азиз Ташкаджаев.

Анткен менен жогоруда аталган ишти караган Ош шаардык сотунун судьясы Данияр Багишев жогоруда аталган кылмыш иши боюнча сот амалдары калыс жүргүзүлгөндүгүн айтып, өзүнүн дарегине айтылган сынды негизсиз деп баалады:

- Соттун жүрүшүндө Ахмедов тарабынан келтирилген бүт бардык өтүнүчтөр, жабырлануучу тараптан келтирилген өтүнүчтөр кабыл алынды. Далилдин негизинде өкүм чыгарылды деп эсептейм. Нааразы болсо Ахмедов облустук жана жогорку сотко арызданышы керек. Экинчиден, ошол өкүмдүн мыйзамдуулугун, мыйзамсыздыгын мен эмес облустук жана жогорку сот чечет.

Ош шаардык соту тарабынан 7 жылга эркинен ажыратылган Алихан Ташкаджаевдин жакындары ишти кайра кароо боюнча облустук сотко арыз жазышкандыгын, эгерде бул ирет да сот алардын кызыкчылыктарын басмырлоо менен өтө турган болсо таасир этүүнүн мыйзамсыз чараларын колдонууга чейин барыша тургандыктарын билдиришти.

КЫРГЫЗСТАН ДЕПУТАТТАРЫ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШӨТ

“Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” деп аталган коомдук бирикмени кыргыз парламентинин депутаттары түзүштү. Аталган коомдук бирикме парламентарийлердин коррупцияга каршы күрөш жүргүзгөн эл аралык уюмунун алкагында түзүлдү.

“Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” коомдук бирикмеси баш кеңсеси Канаданын борбору Оттава шаарында жайгашкан коррупцияга каршы күрөш жүргүзгөн эл аралык уюмдун алкагында түзүлгөн. Анын максаттары тууралуу аталган уюмдун төрагасы депутат Кубатбек Байболов буларды айтты:

Негизиги максаты парламентарийлердин башын бириктирип, ушул күрөштө салым кошуу. Буга чейин жасалып келе жаткан аракеттер оңунан чыкпай жатпайбы. Биз барын кыйратып иш жасайбыз дегенден алысмын. Бидин максат Борбро Азиялык биримдикти түзүп , коомго белгилүү адамдардын таасирин пайдаланып коррупцияга каршы жүрүп жаткан аракеттерге бир аз болсо да жардам көрсөтүү.


Ошондой эле Кубатбек Байболов коррупцияга каршы күрөшүүдө Казакстандын жана Тажикстандын депутаттары менен алдын ала макулдашуулар жүргүзүлгөнүн айтты.

Жаңы түзүлгөн уюмга депутаттар Мелис Эшимканов, Аскар Салымбеков, Тайырбек Сарпашев өңдүү депутаттар киришти.

Буга чейин Кыргызстанда мамлекеттик структураларда коррупцияга каршы күрөшүү үчүн комиссиялар жана улуттук агенттик иш алып барчу. Ушул мекемелер менен жаңы түзүлгөн коомдук бирикме бири бирин кайталап калышы мүмкүн деген пикирлерге “Демократия жана жарандык коом үчүн” Коалициясынын президенти Эдил Байсалов мындай деди:
Депутаттар ушундай коомдук бирикме уюуштургандан көрө эсеп палатасы аркылуу өзүнүн комитеттик функцияларын катураак колго алганда жакшыраак болмок. Бирок, парламентарийлер өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн, коомчулукта ээлген орду менен жакшы иштеп беришсе, бул уюм жемиштүү иш алып барат деген ойдомун.

Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасынын отчетуна ылайык, коррупциядан негизинен карапайым адамдар жапа чегет. Ал өлкөдө саясий жана каржы мекемелеринин туруктуу иш алып баруусуна бут тосот. Коррупция соода катнаштарынын, чет жактан келген инвестициялардын келишине да коркунуч түзөт.

Коопсуздук кеңешинин төрагасы Мирослав Ниязовдун айтымында, өлкөдө корруцияга каршы күрөшүү туура жолдо баратат, ал эми парламентарийлердин жаңы уюму бул ишти мындан да эффективдүү алып барат:

Менин оюмча азыр өлкөдө коррупцияга каршы күрөш туура багытта кетип бара жатат. Ал эми бул бирикемеге көрүнүктүү депутаттар кирген экен, ошондуктан алардын жүргүзгөн аракеттери жакшы болот деген пикирдемин. Коррупцияга каршы күрөшүү-бул бир эле адамдын башын чаап коюу эмес, биз ошол коррупцияга жол тосушубуз керек, деп Коопсуздук кеңешинин төрагасы Мирослав Ниязов пикирин билдирсе, бул маселеге мурунку ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев мындай көз карашта:

Азыркы тапта парламентарийлердин жаңы түзүлгөн уюуму тууралуу бир нерсе айтуу эртелик кылат, бир аз убакыттан кийин жыйынтыгын көрүп бир нерсе десек болот.

Бул уюмдун демилгеси менен уюштурулган алгачкы тегерек үстөл талкуусу 9-декабрда Бишкекте өткөнү жатат. Ушул өңдүү коомдук уюмдар биригип, Борбор Азиялык бирикме түзөөрү да болжолдонууда.

ТУРАК ЖАЙ, ПАСПОРТ КӨЙГӨЙЛӨРҮ, ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ, ГЕНДЕР САЯСАТЫ

6- декабрдагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары өлкөнүн атуулдарынын паспорт көйгөйү, депутаттар этикасы жана депутаттык комиссия, турак жай курулушунун күңгөй- тескейлери тууралуу макалаларды жарыялашты. Шейшембиде жарык көргөн гезиттерге баяндаманы кабарчыбыз Кабыл Макеш даярдады

“Агым” гезитинин 6- декабрдагы санында Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимкановдун : "Саясатчылар сырты - тамшандыргандай кыпкызыл, ичи - чириген алмадайбыз..." деген маегинин уландысы жарык көрдү. Анда “Асаба” гезитинин жабылыш себептери, Турдакун Усубалиев, ыйман, достук, учур көйгөйлөрү тууралуу кеп кылган.

«Бийлик үстөмдүгүнө башка күчтөрүнөн бери кошулуп, баш көтөргүс кысууга, таптаза Мелис Эшимкановду жоготууга жандалбас кылышкан. Тилекке каршы, тилектерине жеткен жок. Биринчиден, ошондо Кубат акенин мага болгон жөлөгү, экинчиден, өзүмдүн акыйкат жолуна түшүп алганым, үчүнчүдөн, ошол куракка келгенче катуу соккуларды жеп "оозумдун канын сүртүп" басып кетмей адатым менен сакталып калдымбы дейм.
Жусубалиев Кубат акени Аскар Акаев айына бир эле жолу кабыл алып, кеңешчи кылып алганында, балким өткөн трагедияга кабылбайт эле. Ошол нерсени Дастан Сарыгуловго, Адахан Мадумаровго, Курманбек Бакиевге кайталап айтайын дейм. Бирок, аларга ишенбейм, алардын угарына ишенбейм. Анткени, кулактары дүлөй.
Биринчиден, саясатта дос болгон аябай опурталдуу экен. Экинчиден, кыргыздар дос күткөндү билбейбиз. Депутатпы, чөнтөгүндө акчасы барбы, мага пайдасы тийер бекен деп достошобуз. Достошууну курулай антташмайга, кучакташып өбүшмөйгө, анан да "сен үчүн жанымды берем" деген карандай калп ураандарга алмаштырып ийет экенбиз» дейт кабарчы Асланбек Сартбаев менен аңгемелешкен Мелис Эшимканов.

Ушул «Агымдагы» «Кадрлар" баарын чечет» деген журналист Жеңишбек Эдигеевдин маегинде Жогорку Кеңеш депутаты Кубатбек Байболов депутаттык этика тууралуу пикирин билдирген. «Саясат эмоцияны жаман көрөт. Чоң саясатта катуу жиниң менен бир чечим кабыл алдың дегиче, ошол чоң майданда талкаландың дей бер. Саясатчы эмоцияны коюп, өзү ошол структурага керек экенин далилдеп бериши керек. Далилдей албасаң, кете бересиң» дейт Кубат Байболов.

Ушул маектешүүнүн дагы бир каарманы экс- премьер- министр Турсунбек Чыңгышев "Кээде Топчубекке кошулуп, парламентти тараткым келип кетет" деген пикирин билдирүү менен «Бизде байлык деген жетиштүү. Кадрлар жетиштүү. Бирок мыкты стратегиялык план жок. Талап жок. Президенттин тегерегине жыйнаган кадрларын көрүп атпайсыңарбы. Жетекчи даанышман болсо, жанына жалаң акылдууларды топтош керек.» дейт Турсунбек Чыңгышев.

ТИМдин башкы консулдук башкармалыгынын башчысы Эрик Бейшембиев менен «Агымдын» кабарчысы Асран Айдаралиев паспорт көйгөйү тууралуу маектешкен. Ошол маектешүүнүн мазмуну жөнүндө автор мындай дейт:

-Бул паспорт боюнча жакында Маалымат ресурстары жана технологиялар боюнча улуттук агентство ачылган. Паспорт боюнча болгон маселелердин бардыгына ушул агентство жоопкерчиликтүү. ТИМ болсо чет мамлекетте иштеп, окуп, жашап жүргөн жарандардын паспорт маселесин чечип бергенге мындай тартип киргизген. Ар ким ошол жердеги элчиликтерге арыз менен кайрылышат, алар анкета толтуруп туруп бизге жиберет, биз улуттук агентствого жөнөтөбүз, алар бардыгын тактап, дыкат текшерүүдөн өткөргөн соң кайра бизге жиберет. Биз аларды аталган элчиликтерге жөнөтүп чет элде жүргөн атуулдардын паспорттуу болушун камсыздайбыз.

-Менин билишимче бүгүнкү күндө улуттук агентстводо эки миңден ашык бланктар бар болчу. Ал эми аларды кандай, кимге берип жатат белгисиз. Себеби, мындай да, ИИМде паспорт боюнча виза башкармалыгы иштейт. Алар паспорттун анкеталарын райондук бөлүмдөргө таратат. Паспорт керек деген жарандар өз районундагы паспорттук бөлүмдөргө кайрылат да, алар улуттук агентствого жиберет. Улуттук агентство карап чыгат да, паспортту кайра ошол паспорт бөлүмүнө жиберет. Паспорт ээси ошол жерден алат.

-Көпчүлүк учурда негизинен Россия менен Казакстанда жүргөндөрдүн санын беш жүздөн жети жүз миңге чейин жеткирип айтып жүрүшөт, канчалык деңгээлде чындыкка жакын?

-Жок, андай эмес. Ал өтө апыртылып айтылган сөз. Биздин маалымат боюнча болгону үч жүз миңдин тегерегинде. Көбүнчө жайкысын, соода жүрүп жатканда, анан ар кандай айыл чарба жумуштары менен барган көпчүлүк биздин жарандар күзүндө кайра келе беришет. Дайыма соода кылып жашагандар албетте, андай көп эмес. Анын үстүнө барып-келип жүргөндөрдүн көпчүлүгү эч качан каттоодон өтүшпөйт. Жанагы так эмес болуп жатканы ошондон. Биз суранып кетээр элек, башка өлкөнүн аймагына кирер замат ошол жактагы биздин элчиликтерге же болбосо консулдук кызматка сөзсүз кайрылсаңар. Мындай учурда биринчи кезекте өзүңөргө абдан жеңилирээк жана ыңгайлуу болот эле демекчимин. Кээ учурда укуктары тебеленип, ал эмес дайынсыз жоголуп кеткендер да жок эмес. Алардын кайда, эмне кылып жүргөндөрү менен эч кимдин кабары жок болуп жатпайбы.


6- декабрдагы “Аалам” гезити учурда Кыргызстан үчүн оор кылмыш кылгандарга өлүм жазасы керекпи же жокпу? деген суроого жооп издеген. Жогорку кеңештин депутаты Алишер Сабировдун айтымында мындай жаза керек. “Ушундай чара- өлүм жазасын колдонуу менен гана кылмыштуулукка бөгөт коюш керек “ дейт депутат. Өлкөнүн адилет министри Марат Кайыпов бул пикирге караманча каршы. “Кудай берген өмүрдү кудай гана алыш керек. Биз өлкө- адам укугун коргогон демократиялык багыттагы мамлекет” деген пикирде министр Марат Кайыпов.
Ушундай пикирге үндөш ойду өлкөнүн жаза өтөө башкармасынын жетекчиси Капар Мукеев да кошулуп, “Бирөөгө өлүм тилегенче, өмүр тилейли. Өлүм жазасына каршымын. Бул маселеге өтө аяр мамиле кылуу керек” дейт.
Ушул “Аалам” гезитинде Бишкек шаарынын башкы архитектору Каныбек Нарбаев жаңы конуштардагы курулган жана курулуп жаткан турак- жайлар типтүү долбоорсуз салынып, жер титирөөгө туруштук бере албастыгын, коопсуздук сакталбаганын айткан. Ошондой эле парламенттеги эки комитетке кимдер төрага болгону тууралуу журналист Кенжебек Арыкбаевдин баяндамасы да бар.
6- декабрдагы “Кыргыз туусу” гезиттинде өлкөнүн президенти Курманбек Бакиев бирин бир кайталаган мамлекеттик стуруктуралары кыскартуу тууралуу указга кол койгону, ага түшүндүрмө да берилди. Дүйнө жүзүнүн үрөйүн учурган СПИД оорусу, өлкөдө 700 жакын адам ушундай дартка чалдыканы, бул оорунун алдын алуу чаралары тууралуу “Кыргыз туусу” гезити маалымдады. Ушул гезиттин кабарчысы Бактыгүл Чотурова улуттук телерадиокорпорациянын вице- президенти Бейшенбек Бекешов менен болгон маегинде, ал дале кыргыз тилиндеги берүүлөр аздыгы, дежур чалдар теленин кадырын дале кетирип жатканын айткан. .
6-декабрдагы “Эркинтоо” гезити жакында болчу Жеңижок акындын 145 жылдыгына карата Асанбай Жусупбековдун макаласына орун берди. “Эл эмне дейт” деген рубриканын алдында түрдүү пикирлер жарыяланды. “Базарларда араба түртүп, көр оокаттын айынан окубай калган балдардын тагдырлары өкүнүчкө салып, жүрөк оорутат. Алар жашынан ден соолугунан ажырап калууда.” деп жазат бишкектик Замира Бегимкулова.
Ушул “Эркинтоого” берген маегинде экс- депутат Токтокан Боромбаева өлкөдөгү гендер саясаты тууралуу кеп козгоп, “эркектер жол бермейинче, аялдар бийликке келбейт” дейт. Ошондой эле айыл өкмөттөрү, Конституциянын жаңы долбоору тууралуу кабарчы Азимбек Чамашевдин макаласы да чыкты.
5- декабрдагы “Вечерний Бишкек” гезити кыз- келиндер жазасын өтөп жаткан №2 абактагы оор абал, аялдардын арыз- муңун, дары –дармектин жетишсиздигин маалымдады.

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА АКШ ЭЛЧИСИНИН КӨЗ КЫРЫНДА

5-декабрда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович вице-премьер-министр Адахан Мадумаров менен жолугушту. Анда Кыргызстандагы конституциялык реформанын жүрүшү, сөз эркиндигинин, адам укугунун сакталышы, өкмөттүн алдыдагы иш-максаттары жаатында сөз жүрдү.

Жолугушуудан кийин Адахан Мадумаров ортодо купуя сыр катары калчу сөздөр айтылганын, элчи айым негизинен Кыргызстандагы конституциялык реформанын жүрүшүнө, сөз эркиндигинин сакталышына, өкмөттүн маалымдоо каражаттарын өз алдынчалыкка өткөрүү демилгеси кантип ишке ашып жатканына, адам укугунун сакталышына кызыкканын ырастады.

- Жашырын калчу сөз деле айтылды. Биздин өкмөттүн маалымат каражаттарынан жашыра турган эч нерсеси жок. АКШ элчисин конституциялык реформанын кандай жүрүшү кызыктырды. Элчи айым маалымдоо каражаттарынын реформасы, мамлекеттин колундагы маалымат каражаттарынын өз алдынчалыкка өтүшү кантип атканын сурады. Биздин өкмөттүн социалдык саясаты, коомду демократташтыруу жаатында жасап аткан иштери жайында суроо берди.

Адахан Мадумаров өкмөт маалымдоо каражаттарынын өз алдынчалыкка өтүшүнө кызыкдар экенин белгилеп, «Кыргыз туусу» гезитинин айанасындагы кеп-сөздү кезектеги саясий оюн катары сыпаттады.

- Бул саясий оюндун улантылышы. Тескерисинче өкмөт бир да журналистке, маалымдоо каражатына кысым көрсөтө элек. Биз азыр реформа жүргүзүп жатабыз. «Кыргыз туусу» менен «Слово Кыргызстана» гезиттери өз алдынчалыкка өтүшөт. Эгер алар боштондукка чыгуусун кысым катары эсептешсе, мен андай билдирүүнү түшүнбөйм.

Феликс Куловдун иш стили тууралуу эки макала жарыялагандыгы үчүн өкмөт башчынын аппарат жетекчисине чакыртылган «Кыргыз туусу» гезитинин башкы редактору Бакыт Орунбеков окуяга башкача өңүттөн баа берет.

- Мен муну демократиялык принциптердин бузулушу, сөз эркиндигин чектөө деп эсептейм. Керек болсо муну саясий кысым деп дагы баалоого болот. Газетага кысым көрсөтүшүп эмнени жазыш, эмнени жазбаш керек экендигин айтып жатышат.

АЯЛДАР ЭСЕП ПАЛАТАСЫНАН ЭНЧИСИН ТАЛАШУУДА

5-декабрь күнкү отурумда Жогорку кеңеш эсеп палатасынын аудиторлорун шайлоону баштады. Эсеп палатасындагы 7 орунга жалпы 68 талапкерден арыз түшкөн. Гендерлик саясат тууралуу мыйзам боюнча, шайлануучу аудиторлордун 30% бөлөк жыныстан болууга тийиш. Жума күнкү отурумда депутаттар 7 орундун үчөөнү аялдарга берүүнү макулдашышкан.

Талапкерлердин алтоосу аялдар. Алардын бири, эсеп палатасынын мурунку аудитору Ниязова гендерлик теңчиликти камсыздаганы үчүн депутаттарга ыраазылык билдирди:

-Аял-эркек үчүн бардык эле иштин жоопкерчилиги бирдей. «Сен аялсың» деп бизге жоопкерчиликти азайбайт. Парламент бул жолу бизге ушундай шарт түзүп бергенине талапкер болуп отурган аялдар ыраазы болуп атабыз. Бирок бул тууралуу мурдараак белгилүү болгондо, мүмкүн, көбүрөөк аялдар талапкерлигин көрсөтмөк.


Депутат Каныбек Иманалиев аудиторлорду шайлоонун мындай жолу туура эмес деп билдирип, талапкерлердин эч кимисин шайлабай тургандыгын айтты:


-Мындай орундарга конкурстук негизде кабыл алуу керек эле. Азыр биз 68 талапкердин кимиси буга чейин кайда, кантип иштегенин билбейбиз. Эгер мурда да эсеп палатасында иштесе, анда отчет берсин: бюджетке канча киреше киргизгени, кайсы ишканаларды текшергени жана башка жасаган иштери тууралуу. Мындай болгон жок. Ошондуктан, алар тууралуу эч кандай маалымат билбей туруп, кантип добуш беребиз. Мен баарына каршымын.

Аудиторлорду шайлоо эки этап менен жүрөт. Ошондуктан, эл өкүлдөрү бул маселени аягына чыгарууну 6-декабрга калтырышты.

УЛУТТУК АДАБИЯТТЫН КОЛУ КАЧАН УЗАРАТ?

Жалпы улуттук деңгээлдеги адабий гезит-журнал чыгаруу жана жарык көрүп аткан китептерди иргөө азыркы учурда Кыргызстанда Улуттук жазуучулар союзунун алдындагы орчундуу маселе болуп турат.

Улуттук жазуучулар союзунун басма органы болуп эсептелген адабий журнал менен гезитти чыгаруу мамлекет эсебинен жүргүзүлөрү “Адабиятты мамлекеттик колдоо боюнча” мыйзам долбоорунда каралган. Кыргызстан жазуучулар союзу иштеп чыккан бул мыйзамдолбоору азыркы учурда Жогорку Кеңеште каралууда.

-Улуттук жазуучулар союзунун өзүнүн басма органдары болобу? деген суроолор түшүп жатат. Сөзсүз болуш керек. Биздин Улуттук жазуучуларга бириккенден баштап эң башкы максатыбыз – “Ала Тоо” журналы менен “Кыргыз адабияты” гезитин кайрадан чыгаруу, - дейт Кыргызстан жазуучулар союзунун катчысы Мелис Абакиров. - Бир гана маселе – каражаттын каралбаганы болуп жатат. Бирок, биз “Адабиятты мамлекеттик колдоо боюнча” мыйзамдын долбоорун иштеп чыкканбыз. Учурда мыйзам кызматкерлери да, өкмөт кызматкерлери да колдоп бергенге макул болуп жатышат. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары менен биргеликте долбоордун мүчүлүш жактарын тактап жатабыз.

Соңку он-он беш жыл ичинде улуттук аң-сезимди өстүрүүгө кызмат кылып келген “Ала-Тоо” журналы, “Кыргызстан маданияты” гезити анда-санда бир чыгып отуруп, акыры таптакыр чыкпай калды. Өткөн жылы Кыргызстан жазуучулар союзуна “Улуттук” деген статус берилип, союздун кем-каржын Өкмөт көтөрмөк болуп чечилгенде, “Ала Тоо” журналы жана мурдагы “Кыргызстан маданияты” гезити “Кыргыз адабияты” деген атка которулуп, 1-2 санына чейин даярдалып, бирок жарык көрбөй калды. Бул гезиттин башкы редакторлугуна белгилүү жазуучу Самсак Станалиев дайындалган болчу. Бирок, Самсак Станалиев азыркы учурда “Адабий АлаТоо” деген башка гезитти чыгаруу менен алек.

-“Адабий Ала Тоо” гезитинин негизги максаты – мурдагы “Ала Тоо” журналы менен “Кыргызстан маданияты” гезитинин милдетин аткаруу,- деп билдирди Самсак Станалиев “Азаттыкка”. - Алгачкы саны сентябрдын башында чыккан. Азыркы күндө гезитке жазылуу жүрүп жатат.

Адабиятчылар Кыргызстанга эгемендиктин келиши менен акын-жазуучулардын чыгармалары да мурдагы советтик идеологиянын таасиринен чыгып, жаны мейкиндерге чабыт алганын белгилешүүдө.

- Кыргыз адабиятында азыркы тапта өсүш бар. Мурунку социалисттик реализмдин тосмолорунан чыгы, көп өлчөмдүү чексиз дүйнөнү көрсөткөн чындыкка келатыппыз... Ушул багытта биздин жазмакөйлөр татаал болсо дагы , түбөлүгү ийги жолго түшүп жатышат,- деди адабият изилдөөчү Мамат Болот.

Атайын иликтөөгө караганда Кыргызстанда жылына окуу китептеринен сырткары 700 аталыштагы көркөм китеп басылып чыгат экен. Адистер алардын ичинде мыктылары аз деп айтышат. Бир айылдын башкармасын “улут баатыры” кылып көрсөтүүгө урунган “жаңы жазуучулар” да кездешет. Андыктан, жалпы улутка кызмат этүүгө жараган көркөм чыгармаларды иргеп, аларды элге жеткире турган мамлекеттик комиссиянын түзүү зарылдыгын калемгерлер өздөрү көп белгилеп келатышат.

- Кайсы китептерди элге жеткирүү керек?” деген суроо пайда болуп жатат. Демек, жазуучулардан, тарыхчылардан, философтордон турган комиссия сыяктуу топ түзүлүшү керек,- дейт белгилүү акын Абдрахман Алымбаев. - Ушул топ чыккан китептердин баарын окуп чыгып, ошонун ичинен улуттук аң-сезимге кызмат кыла турган пайдалуу китептерди иргеп алып, китепканаларга таратуу маселесин коюш керек.

ТҮШТҮКТӨГҮ ӨНӨР ЖАЙ ИШКАНАЛАРЫН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ ТҮРК ИШКЕРЛЕРИ КЫЗЫКДАР

Кубанычбек Жолдошев, Ош Түркиянын Амасье аймагынын губернатору Жилаледин Лекесиф жана шаар мэри Исмед Өзаслан баштаган жоон топ делегация 5-декабрда Ошто атайын иш сапары менен болду. Делегациянын курамындагы Түркия межилисинин депутаттары, ири ишкерлер бул жактагы өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү боюнча жергиликтүү ишкерлер менен кызматташуу жөнүндө сүйлөшүштү.

Ош облустук мамлекеттик администрациясында түркиялык делегациянын мүчөлөрү шаардын жана облустун жетекчилиги, жергиликтүү ишкерлер, айыл чарба жана өндүрүш багытындагы адистер менен жолугушту. Анын жүрүшүндө тараптар айыл чарба, өндүрүш, туризм, жаратылыш кен байлыктарын иштетүү багытында биргеликте кызматташуунун жол-жоболорун талкуулашты. Түрк делегациясынын башчысы Амасье аймагынын губернатору Желалидин Лекесиф эки тараптуу жолугушулар достук жана бир туугандык маанайында өтүп жаткандыгын билдирди:

- Азыркы жүргүзүлүп жаткан жолугушуулардын башталышы чындыгында аябай жандуу жүрүп атат. Ишкерлердин жеке сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы жакшы болот деп ойлойм.

Ал эми Исмед Өзаслан мырза Ош жана Амасье шаараларынын достук кызматташуусунун алкагында экономикалык жана маданий ири долбоорлор иштелип чыга тургандыгын жана ал нерселердин келечектүүлүгү тууралуу мына буларды билдирди:

- Ошко биринчи келишибизге аябай кубанычтабыз. Мындай байланыштарды күчтөндүрүш керек. Кудай буюрса эртеңден баштап мэрияда жолугабыз. Бул эки шаардын байланышын дагы күчөтүү маселесин карайбыз.

Түрк ишкерлери Ош шаарындагы экономикалык кыйынчылыктардан улам токтоп турган өндүрүш ишканаларынын абалы менен таанышып чыгышты. Карасуу районунда жайгашкан айыл чарба жана өндүрүш ишканаларын да барып көрүштү. Ош облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Кушбак Tезекбаев түрк ишкерлери айрыкча пахтадан кездеме токуу, кен байлыктарды иштетүү жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактары боюнча кызматташууга кызыгып жатышкандыктарын билдирди:

- Түркиядан келген бизнесмендер Амасье шаарынын губернатору жана мэринин келген себептери биздин өндүрүштүк тармактагы иштебей жаткан завод, фабрикаларды иштетебиз деп жатат. Бул жагынан реалдуу жакшы нерселер болуп атат. Oкуу жайларды жана оорукананы тейлеп беребиз дешти. Кудай кааласа жакшы нерселер чечилет.

Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча өкүлү Бектур Аданов эки тараптуу ишкер жолугушуулардын уюштурулушун түрк инвестициясын тартуудагы кыргыз дипломатиясынын аракети катары баалады:

- Түркия мамлекетиндеги Кыргызстандын элчиси түштүк аймакты тейлейт, ошол пландын негизинде Кыргызстанга чоң делегация келди. Кыргызстандын тышкы иштер министринин чечими боюнча ар бир чет мамлекеттеги Кыргызстандын элчилиги, генералдык консулдуктары Кыргызстандагы ар бир облус, шаарлардын ортосундагы байланыштарды түзүү болуп эсептелет.

Алдын ала түзүлгөн программа боюнча Түрк делегациясы Ошто эки күндүк иш сапарда болуп, Өзгөн, Ноокат жана Алай райондорундагы инвестициялык климат менен таанышып кайтышмакчы.

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КАЗАК ЭЛЧИЛИГИНДЕ ДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТҮП ЖАТАТ

4-декабрь күнү Казакстанда өтүп жаткан президенттик шайлоого Кыргызстандагы казак жарандар да салымын кошуп жатышат. Казакстандын элчилигинен алынган маалымат боюнча, күндүзгү саат үчкө чейин Кыргызстанда консулдук каттоодо турган 155 казак жаранынын 80% шайлоого келип, өз добуштарын берип кетишти.

Казакстандын Бишкектеги элчилигинде 142-шайлоо участогу жайгашкан. Шайлоочулар бирин-сериндеп келип, Казакстандын эмки президенти болуучу талапкерге добуштарын берип, кетип жатышты. Шайлоо жашыруун түрдө, бюллетендик негизде жүргүзүлүүдө.

Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Өмүрзак Өзбековдун айтымында, 142-шайлоо участогунда добуш берүү үчүн консулдук каттоодо турган 155 казак жараны чакырылган:

-Жалпы Кыргызстан боюнча бир эле шайлоо участогун уюштурганбыз. Казак жарандары негизинен Бишкек шаары менен Чүй облусунда жашашат, мындан башка Ысыккөл облусунда да бар. Алардын баарына кабарлаганбыз, шайлоого чакыруу жиберилген.

Шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоочулардын катышы жакшы. Түшкө чейин шайлоочулардын 60% келип, өз добуштарын берип кетишкен.
Шайлоо участогунда Кыргызстандын БШК мүчөлөрү байкоочу катары катышып жатышат. БШК мүчөсү Гүлбара Калиева шайлоо тынч, эч кандай тартип жана мыйзам бузууларсыз өтүп жаткандыгын билдирди.

142-шайлоо участогунда бейөкмөт уюмдардын байкоочулары жана башка көз карандысыз байкоочулар жок. Мунун себебин шайлоо комиссиясынын төрагасы, Казакстандын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Бахтияр Тасымов мындайча түшүндүрдү:

-Алардан бизге суроо-талап түшкөн эмес. Түшсө албетте, уруксат бермекпиз. Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү элчилик аркылуу Казакстандын өзүндөгү участокторго кетишти.

Ушул эле учурда Кыргызстандык бейөкмөт уюмдардан жана БШК нан барышкан бир нече байкоочулар Казакстандын борборунда жана башка ири шаарларында президенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүшүүдө. «Демократия жана атуулдук коом» коалициясынан алты байкоочу Казакстандын Алматы баштаган Чимкент, Петропавловск жана башка шаарларда шайлоонун жүрүшүнө көз салып жатышат. Коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов Казакстандагы шайлоонун жүрүшү тууралуу «Азаттыкка» төмөнкүлөрдү кабарлады:

-Шайлоо жакшы, тынч жүрүп жатат. Азырынча эч кандай кысым-басым көрсөтүлгөнү байкала элек. Бирок биздин башка облустардагы байкоочуларыбыз студенттерге окутуучулар тарабынан кысым болуп жаткандыгын билдиришүүдө.


Шайлоо кечки саат сегизге чейин уланмакчы. Жалпы жыйынтык тууралуу «Азаттыктын» мындан аркы берүүлөрүндө маалымдайбыз.

ИСХАК РАЗЗАКОВДУН МААРАКЕСИ

Сабыр Абдумомунов, Лейлек Исхак Раззаковдун 95 жылдыгы туулуп өскөн мекени Лейлек жергесинде белгиленди. Кыргызстандын өнүгүү тарыхындагы көптөгөн бурулуш учурлар, маанилүү окуялар Исхак Раззаков республиканы жетектеп турган мезгилге - 1951-1961-жылдарга туш келет. Дал ушул жылдары Илимдер академиясы, Ош, Прежевальск, пединституттары, Фрунзедеги политехникалык, кыз келиндер, дене тарбия институттары, «Кыргызфильм» студиясы, телекөрсөтүү борбору, Аламүдүн, Быстровка, Үчкоргон ГЭСтери, Фрунзедеги троллейбус линиялары, Фрунзе ТЭЦи жана дагы көптөгөн курулуш, ачылыш жана өзгөрүүлөр болгон. Декабрь айынын башталышы менен Раззаковдун туулуп өскөн жери Лейлекте, 95 жылдык мааракеге багышталган иш-чаралар өтүүдө.

Лейлектеги мааракеге Бишкектен вице-премьер-министр Адахан Мадумаров баш болгон жоон топ делегация, Жогорку Кеңештин депутаттары, Раззаковдун замандаштары, туугандары, Баткен облустук бийлик өкүлдөрү болушту.

Салтанаттуу жыйынды Лейлек районунун акими Кубанычбек Шайназаров куттук сөзү менен ачып, өз сөзүндө Лейлек районунун бардык айыл өкмөттөрүнүн аймагында, мектептерде, ишканаларда «Улуу инсандын урпактарыбыз» деген темада тарбиялык сааттар, илимий конференциялар, семинарлар өтүп жатканын айтып, сөздү Исхак Раззаковдун 95 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча өкмөттүк уюштуруу комитетинин төрагасы Адахан Мадумаровго берди:

-Исхак Раззаковдун төрт Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, Кызыл жылдыз ордени, өзүнүн кийип жүргөн костюму, баш кийими ушулдарды сиздер уруксат берсеңиздер Бишкекте өзү жашап өткөн, иштеген үйүн жакшынакай кылып, мемориалдык музейге айландырууга бел байлап жатабыз. Ушул буюмдар Бишкек шаарында турса, миңдеген кишилер келип көрүшсө бизге да мүмкүнчүлүк болот эле. Бир топ күндөр өткөндөн кийин ал буюмдардын көчүрмөсүн Лейлеккке алып келип, кайра ордун толтурабыз. Урматтуу туугандар, Исхак Раззаковдон эмнени үйрөнсө болот? Мекенди сүйсөң ошол Раззаковдой сүйүп бил, эл журтуңа кызмат кылсаң ошол Раззаковдой кызмат кылганды үйрөн дейт. Эгер ушул жалган дүйнөдө таза кеткенге аракет кылсаң Исхак Раззаковдой таза кеткенди кудай буюрсун. Биздин алдыбызда бир гана максат бар - улуу Исхак Раззаковдун жолу менен баруу, ал кишинин айтып өткөн сөздөрүнө таянып иштеш. Мамлекет үчүн, эл үчүн, тазалык үчүн, адилеттик үчүн.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Мурат Джураев жакынкы күндөрдө эле Москва шаарында Исхак Раззаковдын кызы Элмира Исхаковна Раззаковага жолугуп келгенин маалымдап, аткаруу бийлигинин башчысы Феликс Кулов 100 миң сом, депутаттар 102 миң сом акча жиберишкенин айтты.

-Жакында беш-алты күн болду. Москвага барып Исхак Раззаковдун кызы Элмира Исхаковна менен сүйлөшүп, ошонун айткан саламын да силерге айтып олтурам. Аткаруу бийлигинин баштыгы Феликс Кулов жүз миң сом жөнөткөн акчасынын биздин Лейлектин элинин атынан ал кишиге рахматты айтып кетели. Экинчиден, мына биздин депутаттар 102 миң акча өзүлөрүнүн айлык маянасынан топтоп, Элмира Исхаковнага жөнөтүп, жакынкы күндөгү Бишкектеги музейдин ачылышына келешин күтөбүз.

Салтанатка келген Раззаковдун замандашы Күмүш эже Суранова кезеги келгенде толкундануу менен эскерип, өзү жазган ыр саптарын окуп берди.

- Учкун сөздү чечен адам элеңиз.
Таасири күч ташка тамга баскандай,
Акыл айтып калкка кеңеш бергенсиз.
Эрк талашып, тике карап жалтанбай,
Ар бир ишке алдын- ала кам көргөн.
Демилгелүү мамилечил дагы эле,
Түндүк-түштүк дебеген ажымдап,
Ортогум деп ой максатын тең бөлгөн.


Ош облустук токой чарбасынын башчысы, мезгилинде Лейлек районунун акими болуп иштеп турган Рүстөм Анарботоев, өз пикиринде Исхак Раззаковдун башкаруусун окуп үйрөткөн саясий мектеп ачышыбыз керек дейт:

- Эл, кадрлар Исхак Раззаковдун мектебине муктаж болуп жатат. Ошондуктан ушундай мектеп ачса деген сунушум бар. Азыр мамлекет башында тургандар ушундай мектепти ачыш керек.


95 жылдык мааракени куттук айтып өлкөбүздүн башка район шаарларынан да коноктор келишти, атайын өзүнүн дастанын белек катары алып келген дастанчы Жолболду Алыбаев «Улуу инсандар» деген дастанын аткарып берди.

-Адамдан артык жаралган,
Акылман башың бар кылып,
Агалай албай өзүңдү
Ажалга койдук алдырып,
Өзгөдөн өйдө жаралган,
Өрнөктүү башың кар кылып,
Өгөйлөй жерип өзүңдү,
Өлүмгө койдук алдырып.
Барчыны чыкса ичиңен,
Басынтып бийик учурбай,
Баарылап коюп тузакты,
Байыртан кыргыз ушундай.
Бүркүтү чыкса ичинен,
Бүлкүлтүп бийик учурбай
Бүтүндөй коюп тузакты.
Манасыңдын бүгүнкү күнү ушундай.



Бишкектен келген делегация, Исфана стадионунда уюштурулган салтанаттуу жыйынга катышып, Исхак Раззаков атындагы № 20, 21-чегара аскер бөлүгүндө болушуп ал жерден улуу инсандын бейнесинин ачылышына катышышты.

Ошондой эле улуу кеменгердин жергиликтүү музейи менен таанышып, ал жерде Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев «Раззаков баяны» поэмасы камтылган «Адамдар» деген аталыштагы китебин белек кылды. Ал эми Кыргыз телерадио корпорациясынын президенти Кыяз Молдокасымов жергиликтүү музейге, Исхак Раззаков жөнүндө тартылган даректүү тасмасын тапшырды.

Ал эми Бишкек шаарында Исхак Раззаковдун 95 жылдыгы 20-декабрь күнү белгиленмекчи.

ТҮРК ТИЛДҮҮ ЭЛДЕРДИН КУРУЛТАЙЫ

Фатима Абдалова,Бишкек Кийинки мезгилде Түркиянын “Ататүрк култур борбору” менен Кыргыз Манас таануу жана көркөм маданиятты жайылтуу борборунун кызматташуусунун негизинде түрк тилдүү элдердин, анын ичинде кыргыз элинин маданияты жана адабияты тууралу 21 том басылып чыкты. Жакында Түркияда өткөн түрк тилдүү элдердин курултайы да маданият жана адабият тармагындагы жаңы чектерди белгиледи.

Түркияда ар төрт жылда өтүп келаткан Түрк тилдүү элдердин маданиятына жана адабиятына арналган эл аралык курултайдын максаты – ар бир өлкөнүн маданият жана адабият тармагында болуп аткан жаңылыктарды жайылтуу. Курултайда Түркиянын “Ататүрк култур борбору” менен Кыргызстандын Манас таануу жана көркөм маданиятты жайылтуу борбору биргеликте жарыкка чыгарган түрк тилдүү элдердин антологиясынын 21 томдугу жөнүндө сөз болуп, түрк тили аркылуу антология батыш мамлекеттеринин тилдерине да которулмак болду. Курултайга Кыргызстандан Манас таануу жана көркөм маданиятты жайылтуу борборунун директору Абдылдажан Акматалиев катышып келди:

- “Ататүрк” култур борбору менен биздин Манас таануу жана маданиятты жайылтуу борбору бир топ убакыттан бери кызматташып келатат. Ушундай кызматташуунун негизинде 21 том чыгардык. Түрк тилинде биздин акын-жазуучулардын чыгармачылыгы боюнча жалпы маалымат. Эми түрк тили аркылуу ушул антологиядагы кыргыз маданияты жана адабияты дагы англис, француз, немец тилдерине которулмакчы.

Кыргызстан менен Түркиянын маданий, адабий байланыштары Кыргызстанга эгемендиктин келиши менен бекемделе баштады. Бирок айрым адабиятчылардын пикиринде эки элдин ортосундагы ошол байланыштар жеке инсандардын гана демилгеси менен колго алынып келатканы болбосо, атайын министрликтер тарабынан демилге жок. Мындай оюн белгилүү адабиятчы, Кыргыз-түрк “Заман” гезитинин баш редакторунун орунбасары Абдыкерим Муратов билдирди:

-Өзгөчө “Себат” билим берүү мекемелери Кыргызстандын билим тармагына дүйнөлүк стандарттарды алып келүүдө, 50 млн доллардан ашык инвестицияларды түшүрүүдө чоң жардамын көрсөттү. Ошондой эле окумуштуу Кадыралы Коңкобаев Түркияга барып “Жалпы түрк элдеринин сөздүгүн” чыгарган. Бир топ китептер которулуп, спектаклдер коюлуп жатат. Байланышты чыңдоодо жеке демилгелүү адамдар гана көбүрөөк чыгып, ал эми мамлекетке тиешелүү министрликтер буга анчалык көңүл бурбай, кээде жеке адамдардын демилгесин колдобогон учурлар кездешүүдө.


Жакынкы убакта Кыргызстанда “Эгемендиктен кийинки убакытта Кыргыз-түрк адабий жана маданий байланыштары” деп аталган эл аралык илимий конференция өтөт. Ал эми алдыда дагы кыргыз окумуштуулары менен Түркиянын окумуштууларынын ортосунда алакалар кеңеймекчи. Алдыдагы иш-чаралар тууралу Манас таануу жана көркөм маданиятты жайылтуу борборунун директору Абдылдажан Акматалиев буларга токтолду:

-Жакында түрк тилдүү элдердин маданий мурастары боюнча дагы бир эл аралык чоң конференция өтөт Измир шаарында. Буга биздин окумуштуулар дагы жакшы илимий докладдар менен катышат деген ойдомун. Биздин борбордун окумуштууларынын 100 дөн ашык макалалары түрк тилинде чыккан экен. Мына ошол макалалардын көргөзмөсүн уюштуралы деп жатабыз.

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ

Бул жумада “Саамал” фольклордук-этнографиялык ансамбли концерт беришти. Орусиядан келген цирк өнөрпоздору кайрымдуулук акциясын өткөрүштү. Кинорежисер Эрнист Абдыжапаров маалымат жыйын өткөрдү. Нарында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Тамара Жумакаеванын айкели орнотулду.

Бул жумада А. Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында “Саамал” фольклордук-этнографиялык ансамбли үч күн бою жаңы концерттик программасынын премьерасын тартуулашты.
Бул жолку көрсөтүлгөн концерт “Саамал” тобунун экинчи программасы. Ал эми биринчи программаны 1994-жылдары бир гана кыргыз көрүүчүлөрүнө эмес Дания, Кытай, Индия, Украйина мамлекеттеринде да тартуулашкан. “Саамал” тобунун репертуарындагы чыгармалардын көпчүлүгүн элдик ырлар жана күүлөр түзөт. Ансамблде негизинен жаш аткаруучулар жана музыканттар эмгектенишет. Аталган топ жеке эле концерттик номерлер менен чектелбестен “Аура” эстрадалык тобу менен биргеликте театрда коюлуп жаткан спектаклдерге да музыка жазышат.Топтун көркөм жетекчиси Рахат Көчөрбаев биздин алдыга койгон негизги максатыбыз кыргыздын нукура фольклордук чыгармаларын элге жеткирүү дейт:

-Алдыга койгон максатыбыз кыргыз фольклорун жана нукура музыкасын элге жакшы жеткирүү. Азыркы нуктагы, азыркы мезгилдин талабына жараша элдин назарына салсак деген тилегибиз бар.

Учурда Кожомкул атындагы спорт ордосунда Орусиядан келген цирк өнөрпоздору оюн көрсөтүшүүдө. Ал эми үстүбүздөгү жылдын экинчи декабрында алар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата кайрымдуулук акциясын өткөрүштү. Өлкөбүздөгү баардык балдар үйүнөн чакырылган өспүрүмдөргө Оруссиядан келген маскарапоздор эки саат бою өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Оюндун продюсери жана жетекчиси Валентин Булавскийдин айтымында бул кайрымдуулук акциясы кыргыз өкмөтүнүн жана социялдык коргоо мекемесинин демилгеси менен өткөрүлдү.

-Бүгүн биз мумкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата кайрымдуулук акциясын өткөрүп жатабыз. Бул акция социялдык коргоо мекемесинин жана кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен биргеликте өтүп жатат. Оюнга биз Кыргызстандагы балдар үйүндө тарбияланып жаткан, социялдык жактан коргоого муктаж болгон өспүрүмдөрдү чакырдык.

Ошондой эле ал сөзүндө биз Кыргызстанга буга чейин да көптөгөн артистерди алып келип, оюн көрсөткөнбүз. Мындан ары да өлкөдө кырдаал тынч болсо тез-тезден келип жаңы-жаңы оюндарды тарттуулайбыз деп кошумчалады.


Бул аптада Франциянын Кыргызстандагы консулдугунун демилгеси менен француз театр жумалыгы өткөрүлдү. “Театрдан экранга чейин” деп аталган жумалыкка келген көрүүчүлөр “Көтөрмөдөгү барабанчылар”, “Кайрадан жалгыздык” деген пьесаларды көрүшүп , француз актерлорунун жана режисерлорунун чыгармачылыктары менен таанышышты. Франциянын Кыргызстандагы консулдугунун билдирүүсүнө караганда жаңырган жылдын февраль айында француз киножумалыгы өтмөкчү.

Өткөнкү берүүлөрүбүздө кабарлагандай кинорежисер Эрнист Абдыжапаров “Айыл өкмөтү” кинотасмасы менен Марокконун Марракеш шаарында өткөн бешинчи эл аралык кинофестивалдан кийин Минск шаарында өтүүчү фестивалга жөнөп кеткен. Ал жактан эң мыкты дебют деген сыйлыкка ээ болгон. Бул туурасында фильмдин режисеру шаршемби күнү “Акипресс” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди. Анда “Айыл өкмөтү” кинотасмасынын сонку убактагы жетишкендиктери менен бирге кыргыз киносунун 2010-жылга чейинки өнүгүшү туурасында сөз болду. Эрнист Абдыжапаровдун айтымында бир жылдан берки жүргүзүлгөн аракеттердин натыйжасында кыргыз киносунун 2010-жылга чейинки өнүгүү келечеги туурасындагы документти өкмөткө тапшырышкан.

-Кыргыз киносунун келечеги кандай болот, кандай өнүгөт деп изилдеп, бир жылдан бери талкуу жүргүзгөнбүз. Анан бир чоң топтун иштөөсү менен кыргыз киносунун 2010-жылга чейинки өнүгүүсү деген чоң документти өкмөткө тапшырдык. Эгерде саясий кырдаалыбыз тынч болуп турса, биздин эсебибиз менен жылына жылына жети, он кино тартканга кудуретибиз жетет.


Ишембиде Лейлек районунун борбору Исфана шаарында улуу инсан Искак Раззаковдун 95 жылдык мааракеси белгиленди. Бул салтанатка вице премьер министр Адахан Мадумаров баш болгон делегация катышты. Алар алгач улуу инсандын бейнесинин ачылышында болушуп андан кийин И.Раззаковдун музейи менен таанышып чыгышты. Бул маараке театралдаштырылган оюн-зоок менен коштолду.

Областарда болуп өткөн маданий окуялар менен тааныштырууну улантсак Кыргыз элине көөнөрбөс эмгек өтөп кеткен, кыргыз театр өнөрүнүн залкар таланты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Тамара Жумакаеванын айкели Нарын областынын борбордук сейил багына орнотулду. Айкел Тамара Жумакаева атындагы фондун каржылоосу менен жасалган. Залкар актриса 100дөн ашык пьесаларда образ жаратып, эл аралык “Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын ээси” наамын алган. Жакында Нарын театрынын сахнасында журналист жана драматург Кайрат Иманалиевдин Тамара Жумакаева жөнүндө “Актриса” аттуу спектакли коюлат. Мындан сырткары Нарын шаарынын чыгыш чөлкөмүндөгү бир көчөгө “Тамара Жумакаева атындагы” көчө деген ысым ыйгарылат. Учурда Т.Жумакаева атындагы фонд жана Нарын музыкалуу драма театры залкар актрисанын эскерүү кечесин өткөрүүгө жана айкелдин ачылышына кызуу даярдыктарды көрүшүүдө.

ГЕЗИТКЕ КИМ КЫСЫМ КӨРСӨТҮҮДӨ?

Замира Кожобаева,Бишкек 2-декабрь күнү «Кыргыз туусу» гезити жалпы маалымат каражаттарына билдирүү таркатты. Анда гезиттин жетекчилигине премьер-министрдин аппараты тарабынан кысым көрсөтүлүп жаткандыгы айтылган. Иликтөөчүлөр жана журналисттер Кыргызстанда ыңкылап болгондон кийин да сөз эркиндиги басмырланып жаткандыгын айтышууда.

«Кыргыз туусу» гезитинин башкы редактору Бакыт Орунбековдун «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча, кысым гезиттин бир нече сандарында премьер-министрди сындаган макалалар жарыялангандан кийин көрсөтүлө баштаган. Анын айтымында, премьер-министрдин аппаратынан өкмөттүк басылмага өкмөт башчыны сындаган материалдар жарыяланбоого тийиш экендигин билдиришкен:
«Кыргыз туусу» гезитинин башкы редактору Бакыт Орунбеков муну демократиянын принциптеринин бузулушу, сөз эркиндигин чектөө жана саясий кысым катары кабыл аларын билдирди.

Бул маселе боюнча, премьер-министрдин аппаратына кайрылганыбызда, алар «Кыргыз туусу» гезитине Феликс Куловдун жеке дарегине карата жөнсүз сын-пикирлер камтылган, эч кандай фактыларга таянбай, куру сөз менен ашырылган макалалардын жарыялануусу коомчулуктун терс пикирин жаратуусу мүмкүн деген тынчсызданууларын билдиришти. Өкмөт аппаратынын маалымат башкармалагынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Жедигер Саалаев гезиттеги айрым макалалар өкмөт башчыны бир жактуу күнөөлөө менен Бакиев-Кулов тандемине терс таасирин тийгизет деген ойдо.

Март ыңкылабынан кийин мамлекеттик маалымат каражаттарын мамлекеттен көз карандысыз кылып бөлүү тууралуу сөз болгон. Бирок бул идея ишке ашпай келүүдө. Жакында эле жарык көргөн жаңы басылма «Алас» гезитинин жооптуу редактору Аскер Сакыбаева мамлекеттин көзүн караган маалымат каражаттарын өз алдынча бөлүүгө убакыт келип жетти деген оюн билдирди.
Аскер Сакыбаеванын пикиринде минтип бийлик тарабынан гезиттерге буйрук-көрсөтмө бериле баштаганы Кыргызстанда сөз эркиндиги өркүндөбөй эле, тескерисинче төмөн кетип бара жатат:


Айрым иликтөөчүлөр бул окуяны өкмөттүк басылмага өкмөт тарабынан кысым көрсөтүлгөн алгачкы учур деп айтышууда. Анткени мурунку президент Акаевдин мезгилинде оппозициялык маалымат каражаттарына бийлик тарабынан бир топ кысым-басым көрсөтүлүп келгендиги маалым. Айрым басылмалар мурунку президенттин, премьер-министрдин сотко берген доо арыздарынын негизинде жабылып калууга чейин барышкан.

Үстүбүздөгү жылы март айындагы элдик ыңкылаптан кийин журналисттер журтчулугу сөз эркиндигине эми жол ачылды деп кубанышкандыгы белгилүү. Бирок сөз эркиндигине өкмөт башчынын аппараты тарабынан минтип бут тосулуп жаткандыгы өкүнүчтүү деген пикирин Кыргызстандагы журналисттер кошуунунун төрагасы Азамат Калман билдирди.

МАЙЫПТАРГА КАМКОРДУК

Кубанычбек Жолдошев, Ош Карасуу районунун Кашкаркыштак айылында жайгашкан дүлөй-дудук балдардын жатак мектеби оор кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө. Жатак мектептин жетекчилиги дүлөй-дудук балдарды окута турган атайын адистердин жана окуу куралдарынын жетишсиздиги учурда курч сезилип, жатак мектептин бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик билим берүү жана жумуш менен камсыздоо маселеси ири проблемага айлангандыгын билдирди.

3-декабрь майып адамдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кашкаркыштак айылындагы дүлөй-дудуктардын жатак мектебинин тарбиялануучулары келген меймандарды өзгөчө элпектик менен бий бийлеп тосуп алышты. Музыканы жакшы укпай туруп ийкемдүү бийге түшкөн балдардын талантын, сырткы дүйнөнү кабыл алуусун тарбиячы Зейне Алибаева мындайча баалады:

- Булардын сүйлөбөй, укапаган эле кемчиликтери болбосо сүйлөгөн уккан балдардан айырмасы жок. Кабыл алуу аң сезими өтө жакшы болот. Биз сабак өтүп атканда бир нерсени көрсөткөндө уккан балдардан тез кабыл алышат.

Жатак мектептин жетекчиси Светлана Бостонова учурда дүлөй-дудук балдарды окуткан атайын адистердин жана окуу куралдарынын жетишсиздиги өтө курч сезилип жаткандыгын билдирди:

- Биздин мамлекетибиз эгемендик алгандан бери буларга бир дагы китеп чыгара албаган. Алиге чейин илгерки Москвадагы чыгарылган китептер менен окутуп келатабыз.

Учурда Кашкаркыштак дүлөй-дудук балдар жатак мектебинде 56 окуучу тарбияланууда. 1990-жылы негизделген адистештирилген бул жатак мектеп 15 жыл аралыгында жүздөгөн оорукчан балдарды тарбиялап чыгарды. Мекеменин жетекчиси Светлана Бостонова жатак мектептин окуучуларына атайын кесиптик билим берүү жана жумуш менен камсыз кылуу багытындагы маселелер чечилбей келе жаткандыгын белгилеп өттү:

- Абдан чоң проблема биздин алдыбызда турат. Себеби мектепке чейинки дүлөй-дудук балдар интернетта билим алып кеткенден кийин эле кесипсиз калып атат. Анан базарларда жүрүшөт. Буларга кесиптик лицейлерде, окуу жайларында билим бериш керек. Кесип ала албаса келечекте булар көчөдө эле калат.

МУКАЙ ЭЛЕБАЕВДИН 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

2-декабрь күнү Бишкектеги «Манас-Түрк» университетинде Кыргыз-совет адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири, атактуу «Узак жол» романынын автору Мукай Элебаевдин 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияны ачып жатып «Манас-Түрк» университетинин ректору Карыбек Молдобаев жазуучунун өлбөс-өчпөс эки сабагы бар деп белгиледи:

-Мукай Элебаевдин сабактары биз үчүн өтө маанилүү. Биринчи сабагы – анын өнөрү, таланты. Бу кишинин «Узак жол» романы – кыргыз профессионал прозасынын башталышы экендиги ырас. Бизге калтырган а кишинин экинчи сабагы – өткөөл, катаал замандарды башынан өткөргөндүгү жана ошол заман көйгөйлөрүн ташка тамга баскандай түбөлүктүү кылып – чыгарма иретинде бизге калтырып кеткендиги.

Мукай Элебаевдин өз мезгилиндеги жазуучулук жана инсандык артыкчылыгына адабиятчы, филология илимдеринин доктору Салижан Жигитов токтолду:

- Мукай Элебаев - биринчилерден болуп жазуучу катары кесиптик аң-сезимге жетишкен адам. Адабият эмне экендигин билип, сөз менен чындап иштеген. Калган көпчүлүк жазуучулар мурдагы эл ырчылары ырдаган деңгээлде эле жаза беришкен да. Мукай Элебаев айрыкча проза жагынан үлгүлүү чыгармаларды жазды. Бир нече сонун аңгемелери бар. «Узак жол» деген автобиографиялык баяны азыркыга чейин муңбай жашап келетат. Кыйын убакта жашаган ал киши. Адабиятка ушунчалык олуттуу мамиле кылгандыктан китептерин да көп чыгарган эмес. Аз жазган. Андыктан, турмуш-акыбалы да кыйла оор болгон. Согушка кеткенде да аны майдандан кайтарып – сактап калышка болот эле. Сактай албай калдык. Ал кайтып келсе, прозада дагы-дагы мыкты чыгармаларды жазып бермек, атаңгөрү...

Мукай Элебаев өз мезгилинде адабий сын макалаларды да арбын жазып турган. Ал тууралу Салижан Жигитов мындай дейт:

-Биздин жазуучулар эптеп жаза эле берген да, Элебаев ошого кейип, кайгырып, чыгарманы мындай жазбаш керек, жакшы иштеш керек деп, баарын сындаган. Ошого байланыштуу душмандарды да көп тапкан. Сынчы катары алгачкылардан болуп чынын айткан киши - ошол. Мисалы, Аалы Токомбаев ал убакта өзүнчө лидер, культ болгон, ошого да каршы чыгып, катуу күрөшкөн.

Адабиятчы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Омор Сооронов Мукай Элебаевдин Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар коруна тапшырылган чыгармалары, каттары тууралу буларды баяндады:

- Мукай Элебаевдин колжазмаларын белгилүү окумуштуулар Беккул Элебаев, Ташым Байжиевдер тапшыргандыктан, алигиче өтө ырааттуу бойдон сакталып турат. Жазуучунун жесири Бурулча апа ал жөнүндө армандуу да, кубанычтуу да эскерчү. Арманы ушул экен – Мукайдын согуштан ага арналып келген, дайыма кайталап окуп жүрчү бир сүйүктүү катын да калтырбай өткөрүп берип салышыптыр. Кубанганы – күйөөсүнүн чыгармаларынын эч нерсеси жоголбой, изилденип, элге жарыяланып жатканы экен.

Омор Сооронов өлкөдө Мукай Элебаевдин эстелигин тургузуу зарыл деп эсептейт:

-Азыр ар жерге ар түрдүү эле эстеликтерди коюп атышат. Мен айтаар элем, таза, жерге бөлүштүрбөгөн, бай-кембагалын карабаган, чыныгы баалуулуктарды баалай билген Мукай Элебаевдей, Болот Юнусалиевдей адамдарга эстелик коюлса – келечекке чоң сабак болот эле!

Бул конференция - Мукай Элебаевдин 100 жылдыгына арналган алгачкы ири жыйын, мааракенин алкагында дагы көп иш-чаралар өтмөкчү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG