Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 27-январь, 2020 Бишкек убактысы 13:28

Кыргызстан

ОППОЗИЦИЯЛЫК ПАРТИЯЛАР ТЫНЧСЫЗДАНЫШУУДА

Азиза Турдуева, Бишкек Конституциянын жаңы редакциясына ылайык парламентке партиялык тизме боюнча ат салышканга болбойт. Байкоочулар бул норма саясий партиялардын шайлоого катышуу активдүүлүгүн төмөндөттү дешет. Бирок, алдыдагы парламенттик шайлоого саясий партиялар катышып жатышат. Оппозициялык партиялар үгүт иштеринин жүрүшүндө бийликтин колдооосуна ээ партиялар тарабынан жер-жерлерде мыйзам бузуулар орун алып жаткандыгы жөнүндө тынчсызданууларын билдиришүүдө.

Кыргызстандын Башмыйзамынын жаңы редакциясы боюнча саясий партиялар парламенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аркылуу катышууга укуктуу.

«Шайлоо кодексине» киргизилген толуктоолор менен өзгөртүүлөргө ылайык, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын үчтөн бир бөлүгү саясий партиялардын өкүлдөрүнөн түзүлдү. Бирок, серепчилер бардык эле саясий партиялар бул шайлоого бирдей жигердүү катышып жатат деп санашпайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү болуп негизинен “Алга Кыргызстан” жана “Адилет” партияларынын өкүлдөрү киришти. Мындай көрүнүштү аталган партиялардын өкүлдөрү алардын жигердүү ишмердүүлүгү менен түшүндүрсө, оппозициялык партиялар болсо административдик ресурстарды пайдалануунун жемиши катары баалашты.

“Атамекен” социалисттик, “Асаба” кайра жаралуу, Кыргызстан демократиялык кыймылы, “Эркин Кыргызстан”, “Алга,Кыргызстан!”, “Адилет”, “Республика” жана башка бир катар партиялар алдыдагы парламенттик шайлоого талапкерлерин өздөрүнүн курултайында көрсөтүшкөн. Бирок, көптөгөн партиялардын мүчөлөрү шайлоого талапкерлигин өздөрү көрсөтүштү.

Учурда бир катар саясий партиялар өз талапкерлерине үгүттөө иштерин жүргүзүп жатышат. Оппозициялык көз караштагы айрым партиялар үгүт иштеринин жүрүшүндө бийликти колдогон саясий партиялар ар кандай административдик респурстарды пайдаланууда деп билдиришүүдө.

Буга байланыштуу “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев мындай дейт:

- Алга, Кыргызстан!”, “Адилет” сыяктуу партиялардын өкүлдөрү бардык жерде административдик ресурстарды пайдаланып жатышкандыгын шайлоочулар айтып жатышат. Бул партиялардын өкулдөрүнө добуш бересиңер деп ачык эле тапшырмалар берилүүдө. Башкача айтканда, бийликтин партиялары одоно мыйзам бузууларга барууда. Эгерде добуш берүүнү элдин өзүнүн эркине коюп койсо, анда оппозициялык партиялардын өкүлдөрү жеңет.

Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Эдилбек Сарыбаев да жер-жерлерде оаппозициялык партиялардын өкүлдөрүнө кысым көрсөтүлүп жаткандыгын белгилейт:

- Оппозициялык партиялардын өкүлдөрү праламентке шайланышы өтө кыйын болот. Анткени, жер-жерлерде, көпчүлүк округдарда аларга каршы аябай чоң кысым болуп жатат. Жер-жерлерде бийлик администрациялары бийликтин колдоосуна ээ өкүлдөргө гана көңүл буруп, ал эми оппозициялык партиялардын өкүлдөрүнө тоскоолдуктар көрсөтүлүүдө .

Ал эми бийликтин реформаларын колдогон партиялардын өкүлдөрү мындай пикирлерди чекте кагышууда. “Адилет”, “Алга, Кыргызстан!” сыяктуу партиялардын өкүлдөрүнүн парламентте көпчүлүк орунду ээлеши мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептешет.

“Адилет” партиясынын тең төрагаларынын бири, вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев мындай дейт:

- Алга Кыргызстан”, “Адилет” сыяктуу жер-жерлерде өздөрүнүн райондук, облустук бөлүмдөрү бар, мүчөлөрү көп партиялардан парламентке көбүрөөк өтүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эми административдик ресурстар жөнүндө айтсак, мындай мыйзам бузуулар болуп жатат дегенге мен ишенбейм. Анткени, азыр Шайлоо Кодекси боюнча буга тыйуу салынган жана бийлик өкүлдөрү шайлоо жараяндарына кийгилишкен жок .

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, саясий партиялар тарабынан орун алган мыйзам бузуулар боюнча азырынча арыздар тушө элек.

Бул жөнүндө Борборшайлоокомдун өкүлү Туйгуналы Абдраимов билдирди:

- Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлер тарабынан көп арыздар түшүп жатат. Бирок, саясий партиялардын кандайдыр бир одоно мыйзам бузуулары боюнча арыздар түшө элек.

“БИРӨӨНҮН ИЙНЕСИН УУРДАГАН ӨЛКӨНҮ ДА УУРДАЙТ”, “ТАЗА КОЛДОР” ЖАНА ТАЛАПКЕРЛЕР ТАРТЫШЫ

15- февралдагы “Аалам” гезити парламенттик шайлоого аттанган айрым талапкерлердин мыйзам бузуулары тууралуу жазды. Ал эми “Агым” басылмасы президент Аскар Акаевдин “Таза Кыргызстан” долбоорун талкууга алган макалага орун берди.

15- февралдагы “ Агым” гезитинде кабарчы Жолдошбек Зарлыкбеков “Идеограмма” деген макаласында президент Аскар Акаевдин тышкы саясаты, ички саясаттагы жалаң бир жылдык идеограммалык үгүттөөсү тууралуу кеп кылат. “Ажобуз аялдар жылы деди, аялдар оңуп кеткен жок, туризм жылы дегенде туризм өсүп- өнгөн жок” деп жазуу менен быйылкы жаңы идеясын мындайча талдоого алат. “Азыр өлкөдө тагдыр чечер маал. Аскар Акаевич быйылкы жылга саясый установкасын аныктады. Быйылкы жылды жарды- жалчылар үйлүү болсун, тазалыктын беш белгиси болсун деди. “Таза Кыргызстан” долбоорунда “Таза суу” , “Таза шайлоолор”, “Таза өндүрүш”, “Таза табият” жана “Таза колдор”. Баарына макулбуз. Таза суу ириде Азия өнүктүрүү банкынын акчасы менен жасалып жатат. Анын акчасынын көбүн да жергиликтүү чиновниктер жеп коюуда. “Таза колдорго” дегеле ишенип болбойт. Бирөөнүн ийнесин уурдаган адам өлкөнү да уурдашы турулуу. Аскар Акаевдин “таза шайлоолор” үндөөсүн уга турган киши жок. ” деп президенттин идеологиясын талдоого алат “Агым” басылмасында кабарчы Жолдошбек Зарлыкбеков.

“Агым” гезитинин бул санында кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу катчы Гүласина Каленова мындайча айтып берди:

- Жогорку кеңешке депутаттыка талапкерлердин программалары, шайлоочулардан түшкөн арыз- муңдар, Москвага Орусиянын элчилигинин чакыруусу менен барып келген кабарчыбыз Алым Токтомушевдин “Москвада талкуу, Киевде толкун” аттуу макаласы жарык көрдү. Дүйнөлүк жана жергиликтүү кабарларга дагы орун берилди.

15-февралдагы “Аалам” гезитинде журналист Дыйканбек Садык уулу өлкөдөгү саясатка сереп салып, учурдагы оппозициянын негизин мурдакы мамлекеттик чиновниктер түзөөрүн айтып, оппозицияны ойрондотуунун арты бийликтин кыйрашына алып келээрин божомолдойт. “Оппозицияны куугунтуктоо эл массасынын толкундоосун жаратат. Ал гана эмес көтөрүлүшкө алып келиши ыктымал. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эми биздин бийлик үлкөндөрүбүз мына ушул опурталдуу жолго түшүп алышты. Биздеги оппозицияны азырынча өлкөнүн эли да, чет элдик демократиялык күчтөр да толук колдоого алыша элек.” деп жазат “Аалам” басылмасында журналист Дыйканбек Садык уулу.

Ушул басылмада кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу редактору Капар Токтошов айтып берди:

- Шайлоо маселелери кеңири чагылдырылып жатат. Канчалык таза шайлоо өткөрөбүз дегени менен өздөрү мыйзам бузуп, шайлоонун “шайтан оюндары” болуп жаткандыгы талдоого алынат. Мисалы, Атбашы шайлоо аймагындагы шайлоочулардын тизмеси эмдигиче шайлоо участокторуна илген эмес. Бул эмнеден кабар берет?! Кабарчыбыз Аида Надырбекова Кыргызстандан Орусияга барып иштеп жүргөн өлкөнүн атуулдары парламенттик шайлоого катыша алышабы, алар шайлоого кандай мамиле кылышат, келечек парламентти кандай элестетишет? Мына ушундай суроолорго жооп алыш үчүн ошол жакта иштеп жүргөн мекендештерден репортаж уюштурган.

14-февралдагы “Вечерний Бишкек” басылмасында кабарчы Рустам Караев “эгерде оппозиция бийликке келсе, учурдагы айрым жетекчилер түрмөгө олтургузулуп, ал түгүл өлкөдөн кууп чыгарылаарын, өлкөдө башаламандык өкүм сүрүп, чет мамлекеттерден инвестициялык жардамдар келбей калаарын” божомолдойт. “ Жергиликтүү оппозиция өздөрүн бийликке келген грузиялык жана украиналык оппозициялык күчтөргө теңеп жатышат. Алардагыдай бийлик алмашуу Кыргызстанда болушун тилеп турушат. Айтмакчы, түстүү ыңкылап жеңген ошол өлкөлөрдө учурда менчик бөлүштүрүү, талаш- тартыш башталды. Оппозицияны колдоого албай койгон жумушчулар иштен бошотулуп, көчөдө калышты.” деп талдоого алат кабарчы Рустам Караев.

ӨКМӨТ ЖАБДУУЛАРДЫ ТЫШКА САТУУГА ТЫЮУ САЛДЫ

Сапар Орозбаков, Бишкек Өкмөт өзүнүн жакында кабыл алган токтому менен өлкөдөгү жабдууларды тышка – чет өлкөлөргө сатууга тыюу салды. Эксперттер негизинде бул туура чечим экенин, бирок токтом өтө эле кеч чыккандыгын айтышат.

Өкмөт кабыл алган токтом боюнча, ишаналардын чет өлкөлөргө жабдууларды, станокторду жана алардын запастык бөлүктөрүн өз алдынча сатуусуна тыюу салынат.

Өкмөт башчынын айтымында, буга Кыргызстанда чыккан жабдуулар кирбейт. Калгандарын мындан ары Экономика өнүгүү министрлигинин атайын бүтүмү менен гана сатууга уруксат берилет:

- Мен станоктордун баарын тышка алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө токтомго кол койдум. Буга бир гана бизде чыгарылган жабдуулар кирбейт. Аларды каалагандай экспорттой бергиле – деди Николай Танаев.

Анын айтымында, өткөн жылы жайында өзбекстандык бир ишкер Карабалта килем комбинатынын жапжаңы эки линиясын 45 миң эле сомго сатып алып баратканда чек арадан кармалган. Ошондой эле орусиялык ишкерлер Майлысуу электр лампа заводунун өтө баалуу линиясын 1,5 млн долларга сатып алып баратканда, аны өлкөнүн коопсуздук кызматы билип калып, тышка кетирбей алып калган.

- Эски станоктор болсо башка кеп эле. Жалаң жаңы станоктор сатылып жатат. Эмнени карап жүрөсүңөр!? –деп ачууланды Николай Танаев бажы кызматкерлерине.

Кыргызстандагы иштебей токтоп турган завод фабриканын жабдуулары чет өлкөгө арзан сатылып кетип жаткандыгы тууралуу сөз көптөн бери айтылып келет.

Адистердин айтымында, аны адатта завод-фабриканы арзан менчиктештирип алгандар жасашат.Тагыраак айтканда алар жабдууларды сатып, пайда көрүш үчүн гана ишкананы менчиктештиришет. Ошондой эле кийинки кезде банкрот деп жарыяланган ишканаларга дайындалган атайын администраторлор да жабдууларды сатып жатышат деген маалымат бар.

Элдин арасында айтылган сөздөргө караганда, алар кардар менен алдын ала сүйлөшүп алышып, кагазда арзан сатылды деп толтурушуп, айырмасын өз чөнтөгүнө салып алышат.

Кардар табылбаса, аны талкалап, металл сыныктары катары сатып жибергендер да кездешет экен. Депутат Жолдошбек Турдумамбетов Эл өкүлдөр жыйынынын мурда болуп өткөн бир отурумунда Токтогул районундагы жайгашкан мунайбазанын ушундай себеп менен талкаланып кеткенин айтып кейиген болчу:

- Ал жерде аскердик маанидеги 2 миң тоннадан ашык цистерналары менен нефтебаза бар эле. Сатылгандан кийин, баардыгын кесип, металл сыныктары деп сатып, тыптыйпыл кылышты. Андай мунайбазаны эми эч качан куралбайбыз. Эл нааразы болуп, жерге түкүрүштү, - дейт Жолдошбек Турдумамбетов.

Бир кезде Кыргызстанды өнөр жайлуу өлкөгө айландырабыз деп, Бишкекке жана өлкөнүн ар кайсы булуң-бурчтарына көптөгөн завод –фабрикалар курулган болчу. Алар Советтер союзундагы алдыңкы деп эсептелген жабдуулар менен жабдылган эле. Айрымдарына чет өлкөлүк жабдуулар да сатып алып келинген. Алардын канчасы аман калып, канчасы сатылып кеткени тууралуу өкмөттө маалымат жок экен. Адистер болсо ошол жабдуулардын көпчүлүгү эчак эле эле сатылып кеткендигин, өкмөттүн буга байланыштуу токтому өтө кечигип чыккандыгын белгилешет:

- Баардыгын сатып жиберишкен. Азыр агрардык- өнөр жай өлкөдөн агрардык өлкөгө айландык. Өткөн кылымдын 30-40 жылына теңелдик. Көсөөнүн акылы түштөн кийин дегендей баары сатылып кетип, таш жалак калган кезде эми токтом чыгарып отурат. Эмнени сатат? Баары сатылып кеткен. Азыр эч нерсе жок калды, – дейт депутат Бейшенбек Акунов.

ООГАН ТАКТАРЫ: ЖООКЕРЛЕР ЧЫГАРЫЛГАНЫНА 16 ЖЫЛ БОЛДУ

Ооганстандын аймагынан Советтер союзунун аскерлеринин алынып чыгып кеткендигине 15-февраль күнү 16 жыл болот. Буга байланыштуу Ооган согушунун ардагерлери конгрессинин жетекчиси, Улуттук Гвардиянын колбашчысы Абдыгул Чотбаев маалымат жыйынын өткөрдү. Бүгүнкү күндө Ооган согушунун ардагерлерине мамлекет тарабынан кандай камкордук көрүлүп жатат?

Ооган согушуна он жыл ичинде Кыргызстандан 7141 жоокер катышкан. Алардын ичинен 242 адам каза болуп, төртөө дайынсыз жоголгон. 540 жоокер согуштан майып болуп кайтышкан.

Азыркы убакта Кыргызстанда Ооган согушунун 7 000ге жакын катышуучусу бар. Ооган согушунун ардагерлери конгрессинин жетекчиси Абдыгул Чотбаевдин айтымында, аларга мамлекет тарабынан бир топ жеңилдиктер каралган:

- Ооган согушунун катышуучулары кирешеден алынуучу салыктан бошотулган. Мамлекеттик медициналык мекемелерде акысыз дарылана алышат. Жылына бир жолу курорт –санаторияларга дарыланууга барууга, коммуналдык кызмат акыларын төлөөдө 50% жеңилдик алууга, шаардык унааларда бекер жүрүүгө жана башка жеңилдиктер каралган.

Бирок эгемендик жылдарында ардагерлерге жеңилдик каралган мекеме-ишканалардын көпчүлүгү менчикке өтүп кеткенден кийин, бул Ооган согушунун катышуучуларынын акыбалы бир кыйла оорлоду. Ооган согушунун ардагерлери конгрессинин жетекчиси да бул пикирге кошулат:

- Шаардагы унаалардын көпчүлүгү менчиктештирилип, биздин фронттошторубуз эки жакка жүрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Ошондуктан ардагерлер боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек деп ойлойм.

Мамлекет берип жаткан жеңилдиктер тууралуу ооганчылар сөз кылууну каалашпайт. Ооганчыларга каралган жеңилдиктердин дээрлик көпчүлүгү иш жүзүндө жокко эсе экендигин атын атагысы келбеген ооганчы ардагер айтты:

- Жылына бир жолу КМШ өлкөлөрүнүн ичинде бекер жүрүү жана коммуналдык кымат акысына 50% жеңилдик берилгенинен гана кабарым бар. Ушул коммуналдык кызматка берилген жеңилдиктен гана пайдаланбыз. Башка жеңилдиктер тууралуу билбейм. Билгенде деле аларды пайдалануу үчүн көп убакыт жана түйшүк керек да.

Маалымат жыйынында айтылгандай, 15-февраль күнү Ооган согушунда каза болгон жоокерлердин үй-бүлөөлөрүнө 2000 сомго чейин акчалай жардам берилмекчи.

Ооган согушунда балдары кайтпай калган ата-энелер мамлекет көрсөткөн жардамга канааттанбайт. Ош шаарындагы Жапалак айыл өкмөтүнүн жашоочусу Шекер Алиеванын уулу Абдурайим Алиев Ооган согушунда каза болгон. Ага өлгөндөн кийин согушта көрсөткөн өзгөчө каармандыгы үчүн «Кызыл жылдыз» ордени берилген. Шекер Алиеванын айтымында, алар Ооган согушунда уулун жоготкон ата-эне катары айына 400 сом акча алышат:

-Жолдошум экөөбүзгө ай сайын 200 сомдон 400 сом акча берилет. Ал эми жыл сайын ушул 15-февралда 100-150 сомдон да беришчү. Бул жолу ала элекпиз. Электр энергиясына жарым акчасын төлөйбүз, кышка жакын көмүргө деп 700 сом беришкен. Ал эми жердин салыгынан, соцфонддун салыгынан эч кандай жеңилдик жок, бошотушкан да эмес. Ооган согушунун майыптарына 10 сотыхтан жер берилген эле, бирок бизге берген жок.

ШАЙЛОО УБАГЫНДА ТАРТИПТИ САКТАШ ҮЧҮН КОШУМЧА КҮЧТӨР ИЗДЕЛҮҮДӨ

Шайлоо убагында коомдук тартипти толук камсыз кылыш үчүн элдик кошуундар түзүлө турган болду. Ички иштер министрлиги тастыктаганга караганда, милиция кызматкерлерин шайлоо участкаларына бөлүштүрүп жибергенде, кылмыштуулукка каршы күрөш солгундап кетиши толук мүмкүн.

Ресубликада канча милиция кызматкери бар экендиги мамлекеттик сыр катары ачык айтылбайт. Бирок, парламенттик шайлоо учурунда алар коомдук тартипти коргоп үлгүрө албастыгы, анүчүн милициянын саны жетишсиз экени ырасмий түрдө моюнга алынып, кошумча күчтөр изделүүдө.

Ички иштер министринин биринчи орунбасары Расулберди Райымбердиевдин айтымында, элдик кошуундар түзүлө турган болду:

- Ар бир шайлоо участкасында тартип сакталыш керек да. Милиция кызматкерлеринин бардыгын шайлоо участкаларына бөлүштүрүп жиберсек, кылмыштуулукту көзөмөлдөөгө киши аз калып жатпайбы. Ошондуктан, элдик кошуундарды түзүп, коомчулуктун жардамы менен коомдук тартипти сакташыбыз керек болуп атат.

Ош облустук Ички иштер башкармасынын начальник орун басары Эркин Эсеналиевдин ою боюнча, депутаттыкка талапкерлердин бири-бирине жасаган кыянат иштери да милицияга элдик кошуундун жардамга келишин шарттап жатат:

- Мына, алардын бири-бири менен соттошуулары башталды. Бири-биринин үгүттөө иштерине тоскоолдук кылып жатышат. Айылдардагы бирин-экин милиция кызматкерлери алардын баарын карап-багып отура албайт. Ошол себептен да элдик кошуун зарыл болууда. Бирок, алардын калыс болууларын талап кылуудабыз.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын начальниги Камил Абдрахманов Ош шаарында коомдук тартипти камсыз кылууга милиция курамынын өзүнүн эле күчү жетет деп эсептейт:

- Ошто тартипти сактаганга биздин өзубүздүн күчүбүз жетет.

Камил Абдрахманов ошондой эле зарылчылык пайда болсо, Ош шаарында жайгашкан Юридикалык академиянын түштүк филиалынын күчүн пайдаланаарын кошумчалады.

Ички иштер министиринин биринчи орунбасары Расулберди Раимбердиев кылмышкерлер милиция кызматкерлери шайлоо иштери менен алаксып жаткан кезден пайдаланып калгысы келээрин жашырган жок.

Ушул жумада Ош шаарынын Анар кичирайонунан 20 кило апийим, 1кило героин алып бараткан адам кармалгандыгын, 2000ден ашык баракчасы менен “Хизбут- тахрир” партиясынын 21 мүчөсү колго түшүрүлгөндүгүн эскертти.

Министрдин орун басары билдиргенге караганда, шайлоого камылгалар убагында кылмыштуулукту азайтуу үчүн катуу режимде иштеп жатышат:

- Шайлоого даярдык мезгилинде тартип бузуулар азайсын үчүн чоң-чоң операцияларды жүргүзүп жатабыз. «Издөө», «Тартип», «Притон», «Арсенал» деген операцияларды катар-катар өткөздүк. Шайлоо жакындап калганда кылмыштар болбосун деп күчтүү режимде иштеп жатабыз.

Шайлоо учурундагы милициянын орду жөнүндө карапайым адамдардын ою кандай болду экен? Бишкек шаарынын тургуну Дамира Сарыбаева милиция кызматкерлери абдан сак болушу керек дейт:

- Шайлоо убагында милиция аябай сак турушу керек. Бийлик менен оппозиция тирешкен кезде ортодон үчүнчү күчтөр өрт чыгарып ийиши мүмкүн.


Нуркыз Камалова болсо тартип коргоо органдарын шайлоо убагында калыстыкка чакырат:

- Милиция бийликтин камчысын чаппай, калыс иштесе эле чыр-чатак күчөбөйт. Чыр-чатактарды тартип коргоо органдары кээде өздөрү күчөтүп жиберет.

ЖЕТИСУУ ЖАНА “КЫЗЫЛ КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ”

«Тааным» аттуу түрмөктө Кыргызстандын коомдук- саясий жана маданий турмушундагы туңгуч саамалыктар тууралуу сөз болот. Бул жолу кыргызстандык алгачкы окумуштуулар, алардын биринчи эмгектери жана туңгуч статистикалык мекеме тууралуу кеп болот.

Учурда зилзаланын коркунучу адамзатты кооптондуруп турат. Кыргыз жергесинде 19- кылымдын аягында 20- кылымдын башында эле Пишпекте зилзалага байкоо жүргүзүлө баштаган. Ал эми 1927- жылы 4- августта Чүй аймагында «Фрунзе» атындагы сейсмологиялык станциясы ишке кирген.

Жалпы түрк жана дүйнөлүк маданиятка орток болгон илимпоздор Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашкарини алгачкы кыргызстандык окумуштуулар деп атоого болот. Анкени, Жусуп Баласагын Чүй боорундагы Баласагын шаарында 1015- жылы туулуп, 1069-1070- жылдары «Кутадгу билиг» аттуу китеп жазган.

Ал эми Махмуд Кашкари Ысыккөл боюндагы Барскоон өрөөнүндө 1029- жылы туулуп, 1072-1077- жылдары «Диван лугат-ат-турк» башкача айтканда «Түрк тилдеринин сөздүгү» аттуу эмгегин жараткан.

Осмонаалы Сыдык уулу менен Белек Солтоноев Солтонкелди уулун дагы кыргыздын алгачкы тарыхчыларынын сабына кошууга болот. Анткени Осмонаалы Сыдык уулунун «Мухтасар тарых-и Кыргызийа», «Кыргыздын кыскача тарыхы» жана «Тарых-и кыргыз Шабданийа», «Шабданга багышталган кыргыз тарыхы» деген эмгектери 1913- 1915- жылдары Уфа шаарында жарык көргөн.

Белек Солтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыхы» деген эмгегин 1895- жылы баштап, 1934- жылга чейинки окуялар камтылган. Бирок, Белек Солтоноевдин көзү тирүүсүнө бул эмгеги жарык көргөн эмес.

Коомдук ишмер Абдыкерим Сыдык уулунун эмгектерин европалык окумуштуулардын салтында жазган биринчи кыргыз окумуштуусу деп айтып жүрүшөт. Анын «Кыргыз элинин өнүгүү тарыхынын кыскача очерктери» эмгеги 1926- жылы, «Кыргыз элинин уруулук бөлүнүшү» деген эмгеги 1927- жылы жарык көргөн.

Кыргыз Илимдер Академиясынын 1954- жылы шайланган кыргыздардан алгачкы академиктери: Асылбек Алтымышбаев, Жумагул Алышбаев, Иса Ахунбаев, Бегимаалы Жамгирчинов, ал эми жазуучулардан Түгөлбай Сыдыкбеков менен Аалы Токомбаев жана Болот Юнусалиев болуп саналат.

1954- жылы Муса Адышев, Аман Мамытов, Какиш Рыскулова, Бүбү Керимжанова, Азиз Салиев жана Калкабай Сартбаев Кыргыз илимдер Академиясынын кыргыздардан алгачкы корреспондент- мүчөлөрү болуп шайланган.

Өлкөдө маалымат жыйноо 19- кылымдын аягында башталган менен совет доорунда ырасмий түрдө статистикалык маалымат чогултуу үчүн 1920- жылы 5- июнда Жетисуу облусунун Пишпек уезддик бөлүмү түзүлгөн. Бишкектеги алгачкы статистикалык мекеме, анын жетекчилери тууралуу Бишкек шаардык статистика башкармасынын төрагасы, өлкөгө эмгек сиңирген экономист Сайфудин Сейитбеков мындай дейт:

- 1920- жылы 5- июнда Жетисуу облусунун статистика башкармасынын чечими менен Пишпек уезддик бөлүм түзүлгөн. Кийин Фрунзе облусттук статистикалык башкарма аталган. 1959- жылы Фрунзе облусу жоюлуп, Фрунзе шаардык статистикалык башкармалык өз алдынча мекеме болуп түзүлгөн. Биринчи жетекчилери Ахметова, Титерин, Новоселов, Абдрашитов, Абдымомунов деген эже- агайлар иштеди. Учурда 10 бөлүмдө 115 кызматкер иштейт. Тейлөө кызматы боюнча өлкөнүн 70 пайызын биздин мекеме тейлейт. Шериктеш өлкөлөрдөн алгачкы болуп жалпы эл каттоону жүргүздүк.

АЯЛДАРДЫН ИМАМ БОЛУШУНА ШАРИЯТ ЖОЛ БЕРБЕЙТ

Аялзатынын назиктигин, жөндөмүн жана саламаттыгын эске алуу менен шарият алардын бир катар милдеттерди аткарышына тыюу салган. Мисалы, аялдар имам боло алышпайт. Кыргыз мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов менен болгон маекке назар салыңыздар.

- Муратаалы ажы мырза, аялдар имам боло алабы? Бул тууралуу шарият эмне дейт?

- Бисмилла рахман рахиим. Шарият диний, шарий багытта аялдардын назиктигине, жөндөмүнө, ден соолугуна жараша алардын бир катар милдеттерди аткаруусуна тыюу салган. Анын эң башкысы - аялдардан Пайгамбар чыккан эмес жана чыкпайт.

Ошондой эле аялдардын имам болуусуна жана жаматтын алдына өтүп, имамдык милдетти аткаруусуна тыюу салынган. Аялдар жамаат менен, көпчүлүк менен чогулуп намаз окуганга караганда өзү үйүндө жалгыз окуса сообунун даражасы 27 эсе көп болот деп айтылат. Ал эми эркектер намазды өзү жалгыз окуганга караганда жамаат менен чогулуп окуса 27 эсе сооп көп болот деген милдет коёт.

Ошондой эле шарият аялдардын жума, Айт намаздарды да жамаат менен бирге окуусуна тыюу салган. Ушундан улам жума намаздарга аялдар катыша албайт. Айт намаздарын аял киши окубайт, ошондой эле аялдар жаназа намазын окуй албайт.

Мына ушунун негизинде бир жерде жалгыз аял болсо ал шарияттын негизинде күбөлүккө да өтө албайт. Анан аял кишилерге Алла Таала тарабынан "вахий" деген кабар жөнөтүлбөйт. "Вахий" жалгыз гана Пайгамбарларга жөнөтүлөт.

- Кытайда аялдар имам болуп иштешет экен. Бул Кытайдын жергиликтүү, мындайча айтканда, уйгур же кыргыз эмес, түпкүлүктүү xанзу элинен чыккан мусулмандар жашаган провинцияда аялдар жума намазды башкарып, Куран боюнча түшүндүрмө беришет экен. Буга кандай карайсыз?

- Бул маселе боюнча Ахл-и Сунна ва-л-жамаа деген акыйда бар. Ал акыйдада төрт мазхаб бар. Ал төрт мазхабдын ичинде биз Имами Азам Абу Ханифанын мазхабындабыз. Биздин мазхаб боюнча жана башка мазхабдар боюнча да аялдардын жума намазда намазга өтүүсүнө уруксаат жок.

Балким, бул айтылып жаткан нерсе - аялдардын Куран окуп, Курандын таржымалын элге үйрөтүү же шарият маселелерин аялдарга үйрөткөн чогулуштары тууралуу болушу мүмкүн. Эгер ушундай чогулуш болсо, ага эч кандай тыюу салынган эмес. Аялдар, мисалы, өздөрүнчө чогулуп алып, намаз үйрөнүп, намаз окушса, же Куран таржымалдарын айтышса, же диний багыттагы илим-билимдерди чогулуп алып үйрөнүшсө, же насаат угуу максатында жума намаздарына барып,эркектерден бөлүнүп, башка бөлмөлөрдө жума намаздарын окуп кетишсе эч кандай зыян эмес жана ага шарият уруксаат берет.

- Аялдардын намаз окуудагы милдеттери кайсылар? Шарият боюнча алар жума намазга барууга милдеттүү эмес, ушундайбы?

- Шарият боюнча аялдар жума намазга барбаса алар эмне үчүн намазды келип окубайсыңар деп суралбайт. Тескерисинче, аялдар үйүндө, эркек кишилер аралашпаган жерде окуусу керек. Эми шариятта, мисалы аялдар чогулуп жума намаз окулган жерге имамдын сөзүн угуп, анын диний шарият сөздөрүн турмушта пайдалануу үчүн намазга барып, эркектерден башка жерде окуган намазынын сообу түшөт, зыяны болбойт. Бирок, эркектер менен чогулуп, жамаатта окуганга укугу жок. Аны окугандан көрө үйүндө окуганы абзелирээк, сооптуу деп шариятта айтылат.

- Эмне себептен эркектер жума намазга жыгылууга милдеттүү да, аялдарда андай милдет жок?

- Шариятта эркектер менен аялдардын тең укуктуулугун камсыздаган, бирок, мисалы үчүн милдет, жүк жүктөлгөн кээ бир жагдайларда эркектерге көбүрөөк милдеттер жүктөлгөн учурлар бар. Мисалы,эркектерге жүктөлгөн ушундай милдеттердин бири эркектердин жоопкерчилиги. Алар аялдардын үстүнөн караган кожоюн эсебинде аларды багууга милдеттүү.

Бирок, эркек менен аялдын бирге намаз окуусуна тыюу салуунун эң негизги себеби - аял менен эркек бар жерде кандайдыр бир деңгээлде бири-бирине аялдык жана эркектик сезимдер пайда болуп, Кудайга болгон сыйынуу күчсүз болуп, сусташып калуусу.

Чын ыкластан берилип, Кудайга жалынып жаткан аял эркекти көргөндө, же эркек аялды көргөндө сезими өзгөрүлүшү мүмкүн экендигинен улам эркек менен аялдын бир мечитте же бир жерде намаз окуусуна тыюу салынган. Ал тургай жашы жогорулап калган байбичелер да мечитке барып намаз окууну каалашса, алар дагы кечки шам намазына барсын деп милдеттендирилген.

Жыйынтыктап айтканда, эркектер аялга көзү түшүп намазга нуксан кетет. Нуксан деген намазга кандайдыр бир деңгээлде кемчилик кетет деген сөз, Ошондуктан, аялдарга тыюу салынып, эркектердин жамаатка келүүсүн шарият жолдойт.

- Анда балалуу, үй-бүлөлүү болбогон аялдар милдеттүүбү?

- Жок, намаз окуу боюнча үй-бүлөөлүү же балалуу аялдар деп бөлүнбөйт. Анткени, шарият боюнча балакатка жеткен, башкача айтканда, тогуз жаштан өткөн аялзатынын баары Кудайдын буйругун аткарууга милдеттүү. Намаз окууда же Кудайга сыйынууда эркек менен аялдын укугу бирдей. Бирок, табигаттын мыйзамына ылайык аялдар убак-убагы менен туш келчү мезгилде аял намазын токтотот. Бул учурда орозо кармаган болсо орозосун да токтотот.

Рахмат, маегиңизге!

БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР: ШАЙЛООЧУЛАРДЫН ТИЗМЕСИ АЧЫК БОЛУШУ КЕРЕК

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы 12-февралда Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жолдоп, анда коомчулукту шайлоочулардын тизмеси менен тааныштырууну талап кылды. Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев буга чейин шайлоочулардын тизмеси мурдагыдай ачык илинбейт деп билдирген.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы өз кайрылуусунда Шайлоо кодексининин 22-беренесине ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынан кызыкдар тараптын бардыгын шайлоочулардын тизмеси менен тааныштырууну талап кылды.

Соңку эки-үч жумадан бери БШК төрагасы Сулайман Иманбаев шайлоочулардын тизмеси менен таанышуу мүмкүн эместигин ырастап келет:

- Шайлоочу бирөө жөнүндөгү маалыматтар менен эмес, өзү жөнүндөгү гана маалыматтар менен таанышууга укуктуу.

Анын айтымында, шайлоочулардын тизмеси менен шайлоочунун өзү гана таанышып, өзү жөнүндө маалыматтын так жана толук экендигин тактоого укуктуу. Ушундан улам тизме мурдагыдай добуш берүүчү жайлардын алдына илинбейт.


Бейөкмөт уюмдар коалициясынын билдирүүсү боюнча, БШК төрагасынын мындай билдирүүсү Шайлоо кодексинин 22-беренесининин 1-пунктун одоно бузгандык болуп саналат.


Аталган коалициянын президенти Эдил Байсаловдун айтымында, тизме ачык-айкын болушу керек:

- Шайлоочулардын тизмеси ачык жарыяланышы калыс жана адилеттүү шайлоо өткөрүүнүн негизги шарттарынын бири. Анткени,Шайлоо кодексининин 22-беренесинде жалпы адамдар таанышып алууга укуктуу деп жазылып турат. Дүйнө жүзү боюнча, айрыкча ЕККУга мүчө мамлекеттердин баарында ушундай укук бекитилген. Бирок,тилекке каршы,акыркы 5-6 жумадан бери туура эмес түшүндүрмө берилип жатат.

Эдил Байсаловдун айтымында, БШК төрагасынын оозеки билдирүүлөрүн жетекчиликке алган округдук, участкалык шайлоо комиссиялары азыр талапкерлерди, байкоочуларды жана башка кызыкдар тараптарды шайлоочулардын тизмеси менен тааныштырбай, катып жатат.

Коалиция өз кайрылуусунда БШКдан тизме ачык жарыяланбастыгы жөнүндө атайын токтом кабыл алууну талап кылды.

Коалиция президенти Эдил Байсаловдун айтымында, мындай токтом кабыл алынган күндө ырасмий чечимди сот аркылуу жокко чыгарууга шарт түзүлөт:

- Ырасмий түрдө бир чечим кабыл алынса, албетте, аны сотко берип биз жокко чыгарат элек.

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюумунун төрайымы Төлөйкан Исмаилованын айтымында, БШК төрагасынын тизмени ачык көрсөтүүгө чек коюшу добуш берүү маалындагы көз боемочулукка жакшы өбөлгө түзүп берет:

- Шайлоочулардын тизмеси илинбей калса добуш берүүнүн ачык болушуна көп тоскоолдук болот. Бул атайын бийлик иштеп чыккан технология. Кварталдык комитеттер менен үй башкаруучулар шайлоочулардын тизмесин алып туруп, алар үйүндө турбаган болсо да алардын добуш берди деп, 2000-жылдагы шайлоо жана 2003-жылдагы референдумдагыдай элди алдоо үчүн жасалып жатат. Демек, бул атайын жасалган сыр.

Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев билдиргенге караганда, айрым талапкерлер күн мурунтан тизмелерди сатып алып жатканы тууралуу маалыматтар түшүүдө:

- Тилекке каршы, айрым бир талапкерлер шайлоочулардын тизмесин округ, участкалар боюнча күн мурунтан кандайдыр бир жол менен алышыптыр, кээ бирлери сатып алышыптыр деген маалыматтар болду. Биз алардын аракетин токтотуу үчүн Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлигине кайрылдык.

БШК төрагасынын айтымында, ошентип тизмени алып алган айрым талапкерлер үймө-үй кыдырып, шайлоочулардын добушун алуу үчүн ар кандай нерселер менен кызыктырышы мүмкүн.

Бейөкмөт уюмдар Борбордук шайлоо комиссиясы мындай аракеттери менен шайлоочулардын ишенимин жоготоорун айтып жатышат.

Алардын баамында, бийлик тизмени жашыруу менен ага округдарда жашабаган адамдарды кошуп, өзүнө ыңгайлуу талапкерлердин депутаттыкка шайланышын каалайт.

(Сүрөттө - Э.Байсалов).

ЭКРАМ МИЛЛЕР: «АРТКА ЧЕГИНҮҮ БОЛБОЙТ!»

АКШдагы «Intercontinental commerce corp» компаниясынын президенти Экрам Миллер Кыргызстанга экономикалык жактан жардам берүүнү көздөп жаткандыгын билдирди. Америкалык компания Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштыруучу Өзбекстан-Кыргызстан-кытай темир жолдорун курууну, текстиль, туризм жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнү каржыламакчы.

- Миллер мырза, Кыргызстанга кош келипсиз. Биздин угармандарга өзүңүздүн иш сапарыңыздын максаты тууралуу кыскача айта кетсеңиз?

-Акыркы алты айдын ичинде биз кыргызстандык ишкерлер менен шериктештикте бир нече долбоорлордун үстүндө иштеп жатканбыз. Акыры өзүм да Кыргызстанга келүүгө убакыт таптым. Мени сиздердин өкмөт башчысы Николай Танаев кабыл алды. Биз аны менен Кыргызстандагы бири нече долбоорлорду каржылоону улантуу боюнча сүйлөшө алдык. Мен жетектеген «Intercontinental commerce corporation» компаниясы учурда Өзбекстанда, Азербайжанда, Орусияда жана Казакстанда иштеп жатат. Азыркы убакта Казакстандын Алматы шаарында 1 млрд 200 млн долларлык долбоорду каржылоонун үстүндө иштеп жатабыз. Бул жеке инвестиция болуп саналат. Мен буга чейин Кыргызстан сыяктуу кооз өлкөгө көңүл бурбай келгениме өкүнөм. Бирок азыр мен сиздердин өкмөт тарабынан сунуш кылынган инвестициялык долбоорлордун баарысын карап чыгууга даярмын.

- Кыргыз өкмөтү тарабынан сизге каржылап берүү өтүнүчү менен бир нече долбоор сунуш кылынгандыгы белгилүү. Алардын ичинен кандай долбоорлорду каржылоону туура көрдүңүз?

- Албетте, биз сөзсүз түрдө тышкы инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик департамент менен бирге иш алып барабыз. Эгер биз бир ишти баштасак, аны сөзсүз аягына чыгарабыз, эч качан чегинүү болбойт! Мен муну баса белгилеп койгум келет. Сиздердин өкмөт башчысы менен эки күнгө созулган сүйлөшүүбүз Кыргызстан үчүн зарыл болгон долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу болду. Анын ичинде Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн, ошондой эле Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Кытай менен Европаны байланыштыруучу темир жолдорду куруу, таштандыларды кайра иштетүү, пахта иштетүү, тоо-кен жана туризм тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорлор тууралуу сөз болду. Дүйнөдө туризм мунайзат жана газ өндүрүү тармагынан кийинки кирешелүү тармак болуп саналат. Ошондуктан биз премьер-министрдин Ысыккөл аймагын көрүүнү өтүнгөн сунушун чын дилибиз менен кабыл алдык. Мындан тышкары биз премьер-министр менен маалымат технологиялары тармагындагы долбоорлор, анын ичинде маалымат каражаттары тууралуу да талкууладык. Бул долбоордун да пайдасы көп. Алсак Индияда ушул тармакта эле миллиондогон иш орундары түзүлгөн.

- Миллер мырза, Кыргызстанда текстиль тармагы он жылдан ашуун убактан бери токтоп турган. Сиз ишке ашырууну максат кылган долбоорлордун бири-ушул тармакка арналган турбайбы. Ушул тууралуу кененирээк айта кетсеңиз.

- Сиздердин мамлекет пахтаны көп өндүрүүчү өлкө болуп саналат. Ошондой эле Кыргызстанда өскөн пахтанын сапаты башка жерлерде өндүрүлгөн пахтага караганда жогору. Ал сапаты жагынан Египетте өстүрүлгөн пахтанын сапаты менен барабар. Ошондой эле баасы да кымбат болот. Демек андан жакшы кездемелерди чыгарууга болот. Ушундай эле долбоор Өзбекстанда да ишке ашып жатат. Өзбекстандыктар бир килограмм пахтаны бир долларга сатышат. Эгер аны кайра иштетип кездеме чыгарса, ошол эле пахтаны 20 долларга сатышы мүмкүн. Менимче текстиль тармагын өндүрүү жакшы түшүмүн берет. Анткени дүйнө жүзүндө элдин көбү пахта жибинен согулган кездемелерден тигилген кийимдерди баалап калышты. Мисалы, мен өзүм да пахтадан согулган кийимдерди гана кием.

-Бул долбоорлор качан ишке ашырыла башташы мүмкүн?

- Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн биз алгач өзүбүздүн эксперттерибизди жөнөтүп, алар аркылуу пахта өндүргөн дыйкандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Ал эми көп каражатты талап кылган чоң долбоорлорду талдап чыгууга көп убакыт талап кылынат. Аларды ишке ашыруу үчүн талап кылынган иш-чаралардын баарын жасагандан кийин ишке киришебиз.

-Миллер мырза, маек куруп бергениңиз үчүн чоң ырахмат.

МОСКВА КЫРГЫЗ БИЙЛИГИНЕ КАНДАЙ ШАРТ КОЙДУ?

Айданбек Акмат уулу, Бишкеk Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов 8-11-февралда Москвада болуп, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров баш болгон ырасмий өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Орусиянын “Коммерсантъ” басылмасы жазганга караганда, бул жолугушууларда ырасмий Москва кыргыз бийлигине бир нече шарттарды койгон.

Аскар Айтматов Москвада Орусиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Игорь Иванов, миграция кызматынын жетекчиси Андрей Черненко, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа менен 10-февралда жолугушуп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулаган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Муратбек Азымбакиевдин 12-февралда билдирди.

Сапарынын аягында, 11-февралда Аскар Айтматов Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуп, анын соңунда министрлер эки мамлекеттин тышкы иштер министрликтеринин 2005-жылдагы кызматташуусунун программасына кол коюшту.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Сергей Лавров орус президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапары быйылкы жылдын жай айларына белгиленгенин билдирди. Кыргызстандагы шайлоо кампаниясынын жүрүшүнө токтолгон Лавров, “шайлоо кампаниясында оппозицияны кысымга алуунун белгиси байкалбайт” деп билдирген.

Бирок Кыргызстандагы оппозиция өкүлдөрү Орусиянын тышкы иштер министри бул жердеги чыныгы абал менен тааныш эмес деген пикирде. Кыргызстан элдик кыймылынын төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова ушундай оудо:

- Анда Лавровго ошондой маалымат жетип атса керек. Президенттик аппараттан, анан биздин тышкы иштер министрликтен жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен. Орусиянын элчиси эл менен, башка адамдар менен катышпайт. Акүй менен Сары үйгө каттап жүрөт. Ошондуктан ал элдин чыныгы абалы менен тааныш эмес деп ойлоймун.

Анын айтымында, Орусиянын элчиси Кыргызстандын ырасмий бийлигинин бир жактуу маалыматына таянып, ушундай билдирүү жасады. Ишенгүл Болжурова шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө бийлик өзү мыйзамды одоно бузуп жатат деген ойдо:

- Шайлоо жараянында бийлик өзү “Шайлоо кодексин” одоно түрдө бузуп атат. Элге чыгып сүйлөөгө оппозициялык талапкерлерге мүмкүнчүлүк берилбей, бүт административдик, финансылык ресурстар колдонулуп атат. Ошондуктан кайдагы акыйкат шайлоо?.

Орусиянын “Коммерсантъ” гезитинин 12-февралдагы жазганына караганда, Аскар Айтматовдун Москвадагы сапары учурунда негизинен шайлоо маселеси талкууланган. Орус басылмасы ырастаганга караганда, кыргыз тарап орус бийлигин шайлоолордо колдоону өтүнгөн. "Андай өтүнүчтү аткараардан мурда Москва Бишкекке бир нече шарт койду" деп жазат "Коммерсантъ". Ал шарттар - Батыштын экспансиясына каршы туруу, АКШнын AWWACS үлгүсүндөгү учактарынын Манас аба майданына конушуна жол бербөө.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Муратбек Азымбакиев, “Коммерсанть” гезитинин маалыматы чындыктан алыс экенин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан АКШнын AWWACS үлгүсүндөгү учактарынын «Манас» абамайданына конушуна буга чейин эле уруксат берилген эмес.

МИНИСТРЛЕР КЕТЕТ, КЕҢСЕСИ КАЛАТ

Ушу тапта жаңыдан түзүлүп аткан Мамлекеттик кызмат агенттигине кыргыз бийлиги чоң үмүт артууда. Өкмөт жаңы агенттик өлкөнү туташ каптаган коррупциядан арылтат деген ишенимде.

Мамлекеттик кызмат агенттигинин жетекчиси Акылбек Жумабаевдин айтымында, статс-катчы кызмат орду министрдин биринчи орунбасары катарында жүрөт. Статс-катчылар ишке киришкенден кийин министрдин биринчи орунбасары кызматы жоюлуп, анын айлык маянасы жаңы кызматчыга берилет. Аткаминерлер арасында эмитен эле абыдан баркталып аткан катчылык орун тез-тез алмашылып турчу министрлик кызматка көз каранды эмес.

- Агенттик биринчи иштеген күндөн тарта эле конкурстук системаны пайдаланып мамлекеттик кызматка таза, кесипкөй, ак ниет адамдарды тандап атат. Менин оюмча, жарым жыл, бир жыл ичинде кадрлдардын жакшы-жаман иштегени ачыкка чыгып калат. Иштей албагандарынын ордуна иштей алчу мыкты жигит-кыздарды алабыз го деп ойлойм.

Мамлекеттик кызматка конкурс негизинде алуу жөрөлгөсү кыйладан бери айтылып келатканы менен бул ирет ал чындап ишке ашканы калды. Акылбек Жумабаев кадрларды кызматка тандап алуу комиссиясы жаңыланып турат дейт.

- Ар бир конкурска өзүнчө комиссия түзүлөт. Бир комиссия көпкө иштебейт. Мен деле көрүп атам. Мага деле көп кишилер кайрылып атат, тааныштар, туугандар тигини колдоп кой, муну колдоп кой деп атышат. Ошондуктан комиссия мүчөлөрүнүн деле ар кандай суроолору болот, туурабы?

Антип ишти дыкат уюштуруп, колу туткак чиновниктердин кызмат ээлешине бөгөт коюучу агенттиктин өзү коррупцияга белчеден батып калыш коркунучу да бар. Айлык маянанын аздыгы, анан да бүтүндөй бир тармактын кадр маселесин толугу менен чечүү мүмкүнчүлүгү статс-катчылардын напсисин ойготору турган иш.

- Айлыгы аз. Бирок, президент баягы курултайда айтып кетпедиби, биз деле азыр бир жерде турган жокпуз. Азыр реформа жүрүп атат. Мамлекеттик кызматта иштеген кадрлар азаят, айлыктарды көбөйтөбүз деген пландарыбыз бар.

Кийинки жылдары президент А.Акаев оголе көп идеяларды кыргыз кыртышына оожалтуу аракетин жасап келатат. Кыргызстан – адам укугунун өлкөсү урааны, Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңеши, Демократия кодексине улай жакында «Таза Кыргызстан» программасы сунушталды.

Беш бөлүктөн турган жакын арада ишке ашырылчу программанын бир өңүрүн «Таза колдор» чакырыгы түзөт. Мамлекеттик кызматка иштөөгө куштар чиновник бул ирет жаамы Кыргызстан менен түзүлгөн контрактка кол коюшат. Анда белгиленгендердин аткарылышын мына ушул жаңы агенттик көзөмөлдөмөкчү. Белгилүү мударис, социолог Кусейин Исаев мындай аракеттен эч кандай майнап чыкпайт деген пикирде.

- Биз кечээ күнү эле параны чогултуп жүргөн адамдарды кайра эле мамлекеттик статс-катчылыкка өткөрүп, атын өзгөртүп жатабыз. Алардын заты өзгөргөн жок. Тескерисинче, ошол пара алуучулукту айрым гана адамдардын колуна топтодук. Биринчиден, коррупцияга каршы экономикалык шарт болуш керек. Экинчиден, мына он жылдан бери бир да коррупциячыны жазалаган жокпуз. Ошондуктан статс-катчылар мындан ары коррупцияны күчөтүүнүн эң жакшы коомдук институту болуп калды.

Кыйладан бери айтылып, бирок иш жүзүнө ашырылбай келаткан административдик реформа мамлекеттик кызмат контракт системасына өткөн соң кадыресе жанданышы мүмкүн деген пикирлер да айтылып келатат.

МАЖАРСТАН КЫПЧАКТАРЫ

Орто кылымдагы кыпчактар тарыхка орчундуу из калтырган калктардан. Алар адегенде Иртиш дарыясынын боюнда жашап, кийин Дунайга чейин жер которушкан.

Орто кылым мезгилинде жашаган калктардан кыпчактар тарыхта айрыкча белгилүү. 13-кылымдагы Чынгыз хандын калайманына дейре кыпчактар Иртиштан тартып, Тобол, Жайык, Эдил, Дон жана Днепр бойлоруна чейинки эбегейсиз аймакты ээлеп турушкан.

Жазма булак маалыматтарында бу жер Дешт-и Кыпчак же Кыпчак талаасы деп аталган. 13-кылымдын башталышында монголдор Дешт-и Кыпчакка кол салышып, кыпчактарга зордук-зомбулук көрсөтө башташат.

Чынгыз хандын небереси Батый хандын убагында кыпчактар монгол аскерлери менен чогуу батышка жер которушуп, алардын аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөшөт. Бирок ээн талаада эркин жүргөн кыпчактар монгол бийлигине моюн сунгулары келбей аларга каршы көтөрүлүш чыгарышат.

1223-жылкы Калка боюндагы согушта кыпчактардын батыш бөлүгү жеңилип, жашаган жеринен айрылышып, журт безерлерге айланышкан. Ошентип, кыпчактар Европаны карай жер которууну көздөшүп, мажарларга элчи жиберишип, алардан баш паанек сурашкан.

Мажар падышасы Бойло IV жоокер көчмөндөрдүн пайдасы көп болорун туюп, 40 миң түтүн кыпчактарга Мажар королдугунун аймагына жайланышууга уруксат берген. Бул окуя 1239-жылы болгон. Мекенинен айрылып азып-тозгон кыпчактарды мажарлар зор сый-урмат менен тосуп алышкан.

Мажар падышасы Бойло IV өзү баштап өлкөнүн мен-мендеген аксөөктөрүнүн коштоосу менен кыпчактарды чекарадан тосуп алып, мамлекеттин борборуна алып келген. Мажар падышасы кыпчактарга жан тартып, мынчалык мээрим төгүшү батышка күтүлүп аткан монгол жапырыгына байланыштуу болгон. Согушка адис кыпчактардын колу менен алар монгол чапкынынын мизин кайтарып, колдон келсе Европадагы кубаттуу мамлекеттердин катарына кошулууну самаган.

Мажарлар кыпчактарга мал бакканга ыңгайлуу жерлерди бөлүп беришет. Душман куугуну жана алыс жолдон азап чеккен кыпчактар мында эки жыл чамалуу бейкут жашоо кечиришет. Бирок кырсык күттүрбөй келет демекчи, 1241-жылы монголдор Мажарстанга кол салышып, кыпчактар кайрадан согуш ишине тартылышат.

Монгол аскерлери кыпчак өкүмдары Көтөн ханды колго түшүрүшүп, аны үйбүлөсү, нөкөрлөрү менен бирге өлүм жазасына тартышат. Монголдордун кегинен корккон кыпчактар журт курут болуп кетпешинин амалын кылып, азыркы Түркия, Болгария, Югославия, Румыния, Грекия аймактарына карай качууга мажбур болушат.

Кыпчактар Балкан жарым аралынан да өз бактыларын таба алышкан эмес. Ар кайсыл жерде самсып жүргөн кыпчактарды Бойло IV кайра Мажарстанга келгиле деп чакырган.

Ошентип, 1244-1246-жылдарда кыпчактар кайрадан артка тартышып, мажар жерине жер которушат. Ошондон бери азыркы убакка чейин Венгрия жеринде кыпчактардын этникалык тобу жашап келет. Алар жашаган жерлер азыр да Улуу-Кыпчак, Кичи-Кыпчак деп аталат.

ОКСАНА ШАЙЛООГО КАТЫШАТ

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту №5 Юнусалиев шайлоо округунун шайлоочусунун арызын канааттандырган жок. Арыз ээси депутаттыкка талапкер Оксана Малеванаяны каттоо тууралуу округдук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Мындай арызды сотко Бишкек шаарындагы Юнусалиев шайлоо округунун шайлоочусу, Октябрь райондук акимиатына караштуу №6 турак үйлөр комитетинин төрайымы Татьяна Стрельникова жолдогон. Бул арыздын мазмуну менен сотто катышуучуларды судья Гүлжан Эсеналиева тааныштырды.

Ал окуган арызда белгиленгенге караганда, талапкер акыркы беш жылда Кыргызстанда үзгүлтүксүз жашагандыгын далилдеген документти округдук шайлоо комиссиясына тапшырган эмес.

- Кыргыз республикасынын ички иштер министрлигинин паспорттук-визалык иштер башкармалыгынын жообуна караганда, Малеванная Оксана Александровна Кыргызстанда жашап жаткан адам катары 2002-жылдан бери таптакыр эч жерде каттоосу болгон эмес.

«Шайлоо кодексинин» 69-, 56-, 27–беренелерине таянган доогер Малеванаянын талапкер катары шайлоого катышуу укугу жок деп саноодо. Даттанган шайлоочунун жактоочусу Калачев Владимирдин айтымында:

- Мыйзамда Кыргызстандын ичинде жашап жүргөнүн далилдөөчү так документ берилген. Башкача айтканда, бул - каттоо белгиси.

Стрельникованын талапкеринин билдиргенине караганда, Малеваная 2002-жылдын 16-августунан 2005-жылдын 25-августуна чейин Кыргызстан аймагында эч жерде каттоодо турган эмес жана муну менен каттоо тартибин бузган.

Малеванаяга байланыштуу арызды шайлоочулардын 7-8 адамдан турган тобу округдук шайлоо комиссиясына жолдогон, бирок арыз канааттандырылган эмес.

Округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Шадыканова Гүланданын сотто билдиргенине караганда, комиссия талапкерди жарыштан четтеттүү укугуна ээ эмес. Анткен менен, Шадыканова сотто округдук шайлоо комиссиясы шайлоочулар белгилеген дооматтарды туура деп эсептеди:

- Округдук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерди жетиштүү текшерүүдөн өткөрбөй каттаганын мойнуна алат.

Анткен менен, талапкер Оксана Малеваная мындай териштирүүлөрдү кызыкдар тараптар атайын уюштуруп жатат дейт. Бирок, ал «кызыккан» тараптардын атын атаган жок.

Малеванаянын айтымында, беш жыл бою ал Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында депутаттык милдет аткарган. Паспортуна катталгандыгы тууралуу мөөр бастырбай жүрүшүн үй-бүлөлүк шарты менен байланыштырып, аны далилдөөчү мыйзам талап кылган бардык документтерди борборшайлоокомго тапшырганын билдирди:

- Мен билбейм, чынында кырдаал абсурддуктун чегинде турат. Ушунчалык күлкү келерлик, менин айтаар сөзүм да жок.

Талапкердин ишениминде, «Шайлоо кодексине» кайчы келээр бир да жагдай жок, ошого карабастан округдук шайлоо комиссиясы башынан эле кайдыгер мамиледе болгон. Малеваная журналисттер үчүн уюштурган маалымат жыйынында: «Эгер паспортко мөөр басуу зарыл болсо, экс-элчилер эмне үчүн каттоодон өтпөй калган?» деген суроону койду.

Анын оюнча, бул жагдай адам укуктары боюнча жалпы декларацияга да, эл аралык пактыларга да каршы келет. Бул келишимдер Кыргызстан тарабынан ратификацияланган, дейт ал.

Оксана Малеванаяныкына окшош жагдай буга чейин да башка бир көз каранды эмес талапкерге байланыштуу түзүлүп, бирок шайлоо комиссиясы ишти экинчи ирет карап, талапкер болуу укугун ага кайтарып берген. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту да Малеванаянын депутаттыкка катталгандыгы мыйзамга ылайык экендигин тастыктаган өкүмүн чыгарды.

«УЧКУН» ШАЙЛОО ҮЧҮН БЮЛЛЕТЕНДЕРДИ БАСУУГА КИРИШТИ

Бүгүн «Учкун» акционердик коому парламенттик шайлоо үчүн добуш берүү баракчаларын басууга киришти.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселе боюнча кечээ кечинде жабык жыйында соңку чечимин кабыл алды. Ал жыйында ишканага бюллетендерди 5-6 күн ичинде толугу менен басып чыгарып, таңгактап бүтүрүү тапшырылды.

БШКнын аппарат башчысы Кубанычбек Исмаилов билдиргенге караганда, бюллетендерди башка жерде жасаш мүмкүн эмес:

- Бюллетендер көзгө көрүнбөгөн белгилери бар кагаздарга басылат. Андан тышкары кошумча коргоо белгилери болот. Анын баары БШК жыйынында бекитилген. Бул бюллетендерди эч ким башка жерден даярдай албайт дегенге мен ишенем.

БШК тараткан маалыматка караганда, парламенттик шайлоонун биринчи туру үчүн 2млн. 669 576 бюллетень даярдалып, анын 672 123ү орус тилинде, калганы кыргыз тилинде басылат.

Бюллетендердин басылышын Коопсуздук жана ички иштер кызматтары, ошондой эле Боршайкомдун көзөмөл-текшерүү тобу көзөмөлгө алат.

КООМДУК ЖАНА САЯСИЙ ИШМЕР ЖУМГАЛБЕК АМАНБАЕВ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ

Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстан өзүнүн көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлеринин биринен айрылды. 11-февралда Кыргызстандын белгилүү коомдук жана саясий ишмерлеринин бири Жумгалбек Аманбаев 60 жашында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун өмүрү жана ишмердүүлугү жөнүндө аны менен чогуу иштеген замандаштары эскерет.

Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик ишмерлеринин бири Жумгалбек Аманбаев өлкөнүн эгемен жылдарында да жооптуу кызматтарда иштеп келди. Ал 1945-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында туулган. 1966-жылы Фрунзе шаарындагы айыл чарба институтун аяктаган. 1970-жылдардан тарта жооптуу партиялык жана мамлекеттик кызматтарда иштей баштаган.

Жумгалбек Аманбаев Ош облусуна караштуу Алай райкомунун биринчи катчысы, Ысыккөл обкомунун биринчи катчысы, Кыргызстандын коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.

Өз кезинде Жумгалбек Аманбаев менен чогуу иштеген Медеткан Шеримкулов маркумдун саясий ишмердүүлүгүнө мындайча токтолду:

- Жумгалбек Бексултанович өзүнүн жаш кезинен баштап, өзүнүн өмүрүнүн бардыгын эли үчүн, мамлекети үчүн арнады. Анын эл үчүн, журт үчүн жасаган эмгектери мамлеккетибиздин тарыхында дайыма кала берет.

Жумгалбек Аманбаев 1991-жылдын апрель айынан сентябрь айына чейин Советтик Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын эң соңку биринчи катчысы болгон. Дал ошол жылдын август айында орун алган ГКЧП окуясында – Москвадагы коммунисттик төңкөрүш аракети маалында Кыргызстандын коммунисттери мурдагы Советтер Союзун, Коммунисттик партияны сактап калуу аракеттерин көрүп, Кыргызстандын эгемендигине карата терс мамиле жасагандарын постсоветтик тарыхчылар белгилеп келишет.

Ошондуктан, маркум Жумгалбек Аманбаевдин да саясий ишмердүүлүгү боюнча талаш-тартыштуу көз караштар алигиче айтылып келет.

Совет бийлиги кулагандан кийин Жумгалбек Аманбаев кайрадан түзүлгөн коммунисттик уюмдарга кошулган жок.

1995-жылы Жумгалбек Аманбаев президенттик шайлоодо өлкө башчылыгына талапкерлигин койгон. Бирок ошол мезгилдеги Шайлоо кодексине ылайык, президентик шайлоого катышууга 50 миң адамдын колун топтоо шарт эле.

Борбордук шайлоо комиссиясы маркум Аманбаев топтогон тизмени мыйзамсыз деп таап, президенттикке ат салышуудан четтеткен. Ошондо өкмөт үйүндөгү Аманбаевдин кабинетине чогулуп, бир катар саясатчылар, журналисттер жана укук коргоочулар саясий ачкачылык жарыялашкан. Алардын арасында маркум өзү да бар эле.

Бул окуяны «Республика» гезитинин баш редактору Замира Сыдыкова мындайча эскерди:

- Биз ошол 1995-жылы Жумгалбек Аманбаевди президенттикке талапкер катары катыштырбай коюшканда, ачкачылык жарыялаганбыз. Мен жана анын башка тарапкерлери бул акцияга катышканбыз. Ошондо биз Жумгалбек Аманбаевдин канчалык адамгерчилиги жакшы адам экенин көргөнбүз. Ал бийликтин иш-аракеттерине макул болбогондугунан өкмөттө иштебей калды. Эгерде өкмөттө иштесе, дагы көптөгөн жакшы иштерди жасамак.

Белгилүү коомдук ишмер Дастан Сарыгулов маркумду мындайча эскерди:

- Жумгалбек Бексултанович менен Ысыккөл обкомунда бирге иштешип калганбыз. Ал чарбаны жакшы билген ишмер, жөнөкөй, өткүр, сөзүндө бекем турган жетекчилерден болчу. Ал элге эмгегин арнаган, эл деген адам эле .

Жумгалбек Аманбаев 1993-1995-жылдары вице-премьер-министр болуп турду. 1999-жылдан тарта «Буудай» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп иштеди.

Маркум Жумгалбек Аманбаев Ысыкөл облусундагы Жетиөгүз шайлоо округунан Жогорку Кеңешке талапкер катары ат салышып жүргөн чагында жүрөгү кокусунан сокпой калды.

Өмүрүнүн соңку жылдары ал президент Аскар Акаевдин саясатын колдой тургандыгын маалымат каражаттары аркылуу билдирип келген эле. Замандаштарынын пикиринде, Кыргызстандын эртеңи жана бүгүнкү акыбалына карата чыныгы мамилеси азыркы шайлоо өнөктүгү маалында айкын болмок.

СТЮАРТ КАНН: “ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ БИРДЕЙ МАМИЛЕ КЫЛУУ ЗАРЫЛ”...

Тышкы иштер министрлиги 11-февралда парламенттик шайлоого арналган “тегерек үстөл” өткөрдү. Жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын жана аталган министрликтин кызматкерлери шайлоого камылгалар жөнүндө толук маалымат берип, байкоочулардын милдеттерин талкуулашты.

«Тегерек үстөлгө» ЕККУнун, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана КМШнын байкоочулары катышты. Жыйынга массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катыштырылган жок. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, КМШдан келген байкоочулар сөз болгон маселелер боюнча жыйындан соң өз пикирлерин билдиришти.

“Фридом хауз» уюмунун Кыргызстандагы «Адам укуктарынын активисттерин колдоо» долбоорунун директору Стюарт Канн жыйын буларга токтолду:

- Шайлоо проссецинде эл аралык уюмдар түздөн түз кийлигишпей, коомдук пайдалуу иштерди аткарып жатканын Тышкы иштер министирлиги мойнуна алды. Ошондой эле шайлоого талапкерлерге маалымат каражаттарында, телевидени-радиодо бирдей укук берип, өз пикирлерин айтууга кененирээк мүмкүндүк берүү маселеси да каралды. Эң башкысы талапкерлердин идеологиясына, көз карашына,саясий багыттарына карабай баардыгына бирдей мамиле кылуу зарыл.-деди Стюарт Канн.

Жогорку Кеңешке шайлоого байкоочу катары КМШдан келген Кулэ Балэхтин айтымында, Тышкы иштер министрилиги жана Борбордук шайлоо комиссиясы айрым суроолорго толук жооп бере алган жок.

- Шайлоо өнөктүгүн уюштуруу жана байкоочуларга тиешелүү маселе талкууланып, чет элдик уюмдардын иштиктүү сунуштары айтылды. Тышкы иштер министрлиги, Борбордук шайлоо комиссиясы айрым маселерге байланыштуу суроолорго жооп бере албады. Ал маселелер каралып жатканын, жакында чечим кабыл алынгандан кийин байкоочуларга толук маалымдай турган болушту.

ЖАЗА ӨТӨӨЧҮ ЖАЙЛАРДАГЫ СПИД КОРКУНУЧУ

Кыргызстанда Вич-инфекциясын алып жүргөндөрдүн саны 669 болсо, алардын жарымы жаза өтөөчү жайларында жаткандар. Глобалдык фонд тарабынан СПИД, кургак учук жана безгек ооруларынын алдын алуу максатында берилген гранттын алкагында башталган антиретровирустук дарылоо жаза өтөөчү жайларда да жүргүзүлө баштады.

Кыргызстанда Вич-инфекциясына чалдыккандардын саны жыл жаңырганда 630 болсо, эки ай ичинде булардын катарына дагы 39 киши кошулду.

СПИД, кургак учук жана безгек ооруларынын алдын алуу максатында Кыргызстанга 17 миллион долларга чейин грант берүүгө макул болгон Глобалдык фонд алгачкы 3 миллион 200 миң доллар өлчөмүндөгү каражатты бөлдү.

Глобалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруучу кызматкери Элден Калчакеевдин айтымында, жаза өтөө жайларында жаткандарды да дарылоого каражаттар бөлүнгөн:

-Бүгүнкү күндө 79 миң 252 долларга антиретровирустук каражаттар сатылып алынды. Антиретровирустук дарылоо Вич-инфекциясынан жабыркаган адамдардын баарына бекер жүргүзүлмөкчү. Алардын ичинде жаза өтөөчү жайларда жаткан Вич оорулууларга да бөлүнөт. Дарылоо жүргүзүлө баштагандан кийин СПИД илдетинин өсүү темпи төмөндөйт деген үмүттөбүз.

Республикалык СПИД борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Айгүл Исмаилованын маалыматы боюнча, жаза өтөөчү жайларда жаткандарды дарылоо Бишкек шаарындагы №47 колонияда жайгашкан ооруканадан башталды:

-Антиретровирустук дарылоо азырынча бир эле колониядан башталды. Ал жерге башка жаза өтөөчү жайлардан да Вич оорулууларды алып келип, топтошот да, ошол жерден дарылоо жүргүзүлөт.

№47 колониядагы оорукананын башкы дарыгери Жакшылык Токтосуновдун айтуусунда, аталган колонияда Вич-инфекциясына чалдыккан 100гө жакын адам бар. Алардын баары дарыланууга муктаж:

- Вич инфекциясы бар деп шектелгендердин баары үч сыйра текшерүүдөн өтөт. Алгач өзүбүздүн министрликтеги лабараториядан, андан кийин СПИД борборунун лабараториясында текшерилет. Акырында Алматыдагы чоң лабаратория аркылуу аныкталгандан кийин Вич-инфекцияга чалдыккан адам катары каттоого коюлат. Азырынча дарыгерлер колунан келишинче дарылоо иштерин жүргүзүп жатышат. Антиретровирустук дарылоодон үмүтүбүз чоң.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда катталган Вич инфекциясын алып жүргөндөрдүн 586 сы кыргызстандыктар, 82 си аялдар.Булардын ичинен 35 адам СПИД менен ооруйт.

АСКАР АКАЕВ ТАЛАСТА ИШ САПАРЫ МЕНЕН БОЛДУ

Машакбай Рахманкул уулу, Талас 11-февраль күнү президент Аскар Акаев Талас облусунда иш сапары менен болуп, облус коомчулугу менен жолугушту.

Облустун коомчулугунун өкүлдөрү менен Талас шаарындагы жолугушууда президент Аскар Акаев өткөн жылдарда аткарылган иштерге токтолду. Өлкө башчысынын билдиргенине караганда, республикадагы кедейчилик 56 пайыздан 2004-жылы 35 пайызга төмөндөгөн.

Президент андан аркы сөзүндө таза суу, айылды өнүктүрүү жана инвестиция тартуу, айыл мектеби, саламаттык сактоо долбоорлору жана акыйкат башкаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди талдоого алды.

Президент Аскар Акаев жакында кабыл алынган “Таза Кыргызстан” программасынын беш багыты боюнча түшүндүрмө жасады. “Таза шайлоо» бөлүгү боюнча бийлик шайлоо жараянына аралашпай тургандыгы жөнүндө президент минтип айтты:

- Мен бийликке айтып атам, шайлоого эч кандай кийлигишпегиле деп. Ошонун ачык, айкын, калыс түрүндө өтүүсүн камсыз кылышыңар керек. Мына силердин максат ушул. Кийлигишпегиле, элибиз кеменгер, өзү тандап алат керектүу депутаттарды. Талапкердин кимисин депутат кылып шайлашты элибиз өзү тандасын. Мен терең ишенем, элибиз өзү акылмандык менен эң татыктуусун тандап алат.

Тарыхый ата теги Талас менен байланыштуу болгон экс-элчи Роза Отунбаеванын депутаттыкка талапкер болуп катталбай калгандыгы жөнүндө президент өз пикирин билдирди:

- 1998-жылы шайлоого чейинки беш жыл республикада жашабаса, ал талапкер болууга укугу жок деген мыйзам кабыл алынган. Роза Отунбаева жети жылдан бери сыртта жүрөт. Ошол мыйзамдын негизинде аны Боршайком каттаган жок. Анан Таластагы тынч жаткан туугандарын дүрбөтүп, бир ай суукта эшикте кармап турду. Депутаттар бул мыйзамды атайын кабыл алышкан. 2000-жылкы шайлоо келатат, элчилердин акчасы бар, байлар ушулар, бизге каршы коюп, биздин депутаттыкка тоскоол болот деп ойлошкон. Мен ошондо депутаттарга адам укугу бузулганын айткам. Ал кезде Отунбаевабы, Шеримкуловбу же кимиси чыгат, аны бир Кудай өзү билбесе, эч ким билчү эмес.

Бирок, айрым байкоочулар шайлоо алдында 5 жыл бою Кыргызстанда жашашы керек деген берене экс- элчилердин укугун чектемек эмес дешет. Мамлекет башчысынын кызы Бермет Акаева талапкер болуп катталган Университет округунан Роза Отунбаеванын да ат салышуу тилеги баарын бузду дешет оппозициялык маанайдагы саясатчылар.

Саясат талдоочулар азыркы бийлик өз саясатына каршы чыккан жана эл ичинде кадыры бар экс- элчилерди парламентке жолоткусу келген жок деген ойду байма бай айтып келишет.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга катыша албай, сыртта калган Бакыт Расулкан уулу оппозиция жөнүндө өз ой-пикирин минтип билдирди:

- Бул кадимки эле базардагы сатармандар ортосундагы атаандаштыктай эле кеп. Оппозиция менен мамлекет бири-бирине душман эмес, экөө тең эле элге жакшылык каалайт. Менин оюмча, бири-биринен ашып аракет кылганынан улам ушундай тирешүү болуп аткандай сезилет.

БАКЫТ БЕШИМОВ: “ЭЛЧИЛЕР КЫРГЫЗСТАН АТУУЛДАРЫНЫН ТИЗМЕСИНЕН ЧЫГЫП КАЛДЫКПЫ?”

Султан Раев, Бишкек Жогорку Кеңешке шайлоого экс- элчилердин катышпай калышын дипломатиялык кызматтагы адамдар бир кылка кабыл алган жок. Чет мамлекетте бүгүнкү күндө дипломатиялык кызматта жүргөн айрым элчилер бул көрүнүштү улуттук дипломатияны сыйлабагандык деп бааласа, экинчилери депутаттар тарабынан элчилерге атайын жасалган бут тосуу катары кабыл алышты.

Соңку үч айдан бери чуулгандуу окуяга айланган бул кырдаал айрым саясатчылар тарабынан мурдагы элчилерге жасалган саясий кысым катары бааланды.

Мурдагы элчилер Роза Отунбаева, Үсөн Сыдыков, Медеткан Шеримкулов, Мамбетжунус Абыловдун шайлоого кирбей калышынын өзүндө бийлик жазган сценарийдин тыкыр иштелип чыккан усулу жатат деп эсептешет айрым аналитиктер.

Кыргызстандагы айрым саясий күчтөр бул жагдайды кескин сынга алып, элчилердин адамдык укугу бузулгандыгын, алардын шайлоого катыштырбай коюу биринчи кезекте улуттук дипломатиянын кадыр-баркын сыйлабагандык катары баалашты.Оппозициялык маанайдагы мурдагы элчилердин шайлоодон четтетилиш себебин булар саясий кырдаалды башка нукка буруп жиберет деген бийликтин кооптонуусунан көрөт.

Тышкы иштер министрлигинин коллегиясы экс-элчилердин айланасында болуп жаткан окуяларга элчилердин пикирин билүү чечимин кабыл алып, бардык дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылуу жасаган. Бул кайрылууну элчиликтер бир жактуу кабыл алган жок. Айрым элчилер адамдык жана саясий укуктары басмырланган кесиптештеринин кызыкчылыгын коргоп, бул окуяга принципалдуу мамилесин билдирген.

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Бакыт Бешимов элчилер кыргыз атуулдарынын тизмесинен чыгарылды беле дейт:

- Шайлоого катышканга элчилердин укугу жок дегенге түшүнбөйм. Мамлекеттин кызматын аткарып жатсак, кыргыздын кызыкчылыгын коргоп, алдыга жылдырып жатсак, бу эмне? Муну кандай түшүнсө болот? Биз эмне Кыргызстандын граждандарынын тизмесинен чыгып калдыкпы, мен муну акыйкатсыздык деп эсептейм!

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов элчилер чет өлкөлөрдө Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп, дипломатиялык иште жүрсө, алардын өз өлкөсүндө адамдык жана саясий укугунун басмырланышы эч кандай нормаларга туура келбейт деген көз карашта:

- Жүздөгөн азыркы жана мурдагы дипломаттар өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын көздөп иштеп жатса, өз өлкөсүндө алар атуулдук укуктарынан ажырап жатат, мунун өзү өтө ыңгайсыз жагдай.

Тышкы иштер министрлигинин ырасмий позициясы элчилердин өз атамекениндеги укуктарына үндөш келе бербейт дешет айрым аналитиктер. Тышкы саясат ведомствосунун көз карашын Кыргызстандын Белорусиядагы элчисинин кеңешчиси Болотбек Мукашев мыйзамга ылайык келген позиция катары баалайт:

- Албетте, ар бир мамлекеттин өзгөчөлүгү бар. Мен Президенттин «Независимая гезитиндеги» маегин окудум. Ал депутаттар мыйзамды регламентте көрсөтүлгөндөй колдоп берсе, кол коюп берет элем дептир. Эми депутаттар ал мыйзамды кабыл албагандан кийин ага биз сыйлоо менен мамиле жасашыбыз керек. Биз министрликтин позициясындабыз.

Ушундай көз карашты Кыргызстандын Бельгия жана Люксембургдагы элчиси Чыңгыз Айтматов да колдойт:

- Азыр эмнени айтам эми. Кагазга баарын жазып бергенбиз, кандай учурда кандай кылыш керек, мыйзамды кандай сыйлаш керек деп. Министрликке жазган катыбызда толук өз оюбузду жазганбыз.

Байкоочулардын баамында, Тышкы иштер министрлигинин кайрылуусуна элчилер тарабынан бир жактуу эмес жооп каттар келгендиги өлкөнүн тышкы саясатын жүргүзгөн министрликтин өзүндө да бир жактуу ойдун жоктугун тастыктайт.

Элчилердин көпчүлүгү мурдагы элчилердин саясий аракеттерин кескин сынга алганы менен алардын адамдык укугу басмырланып жаткандыгын айрым гана дипломаттар белгилеген.



Сүрөттө: 19- январь. Экс- элчилердин укугун коргогон пикеттен бир көрүнүш

ШАЙЛООГО КӨЗӨМӨЛ ЖУМУШЧУ ТОП ТҮЗҮЛДҮ

Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстанда шайлоо жараяны убагында түшкөн арыздарды териштирүү боюнча дагы бир жумушчу топ түзүлдү. Анын курамына президенттин администрациясынын өкүлдөрү кирди. Буга байланыштуу президенттин администрация жетекчисинин биринчи орун басары Болот Жанузаков маалымат жыйынын өткөрдү.

Маалымат жыйынында Болот Жанузаков өлкөдө парламенттик шайлоону өткөрүүгө тиешелүү шарттар түзүлдү деп билдирди. Анын пикиринде, Кыргызстандын Шайлоо Кодекси эл аралык стандарттарга толугу менен жооп берет.

Болот Жанузаков билдиргенге караганда, өлкөдөгү бардык шайлоо участкалары шайлоо өткөрүүгө материалдык-техникалык жактан даяр. Башкача айтканда, шайлоо участкалары толугу менен ачык кабиналар, тунук үкөктөр, байланыш каражаттары, жылуулук менен камсыздалган. Жакынкы күндөрү шайлоо участкаларына баш бармакка белги койууга керектүү каражаттар таркатылат.

Болот Жанузаков маалымат жыйынында шайлоо жараянында орун алып жаткан айрым маселелерге токтолду. Анын айтымында, айрым маалымат каражаттары өлкөдөгү кырдаалды курчутууга аракет көрүүдө. Мындай маалымат каражаттары катары “МСН” гезити, “Республика” жана “Демократ” басылмаларын атады.

Президенттин администрациясынын биринчи орун басары белгилегендей, айрым шайлоо округдарында чыр-чатактуу кырдаал орун алууда. Кээ бир шайлоо округдарында депутаттыкка талапкерлер бири-бирине каршы чагым жургүзүү ыкмаларын колдоно башташты. Көпчүлүк учурларда тигил же бул чыр-чатактуу кырдаалдын түзүлүшүнө бийлик өкүлдөрү күнөөлөнүүдө.

Мындай жагдайга байланыштуу президенттин администрациясынын чечими менен шайлоо жараяндарына мамлекеттик, муниципалдык органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусун көзөмөлдөгөн атайын жумушчу топ түзүлдү. Бул жумушчу топтун башкы максаты тууралуу Болот Жанузаков мындай деди:

- Бул жумушчу топ президенттик администрацияга келип түшкөн арыздар боюнча түшкөн кайрылууларды, арыздарды тезинен иликтеп, алар боюнча териштирүү иштерин жүргүзөт.. Эгерде арыздарда айтылган фактылар такталып, далилденсе, анда күнөөлүүлөр жоопко тартылат.

Жумушчу топтун жетекчиси, президенттин администрациясынын юридикалык бөлүм башчысы Анарбек Исмаилов билдиргендей, жумушчу топтун курамына администрациянын өкүлдөрү гана кирди. Бирок, керектүү учурларда жумушчу топтун ишине башкаруу системасынын бардык органдарынын өкүлдөрү тартылат.

- Бул жумушчу топ Борбордук шайлоо комиссиясынын же башка органдардын функцияларын кайталабайт. Анткени, ал мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдарынын гана өкүлдөрү тарабынан мыйзам бузуулар боюнча арыздарды карайт, - дейт президенттин администрациясынын юридикалык бөлүм башчысы Анарбек Исмаилов.

Өлкөдөгү айрым бейөкмөт уюмдар мындай жумушчу топторду түзүүнүн зарылдыгы жок , шайлоонун ачык, адилет өтүшүнө көмөктөшө албайт деген пикирлерин билдиришүүдө. Мындай көз карашын “Демократия жана атуулдук коом үчүн” бейөкмөт уюмдар Коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов да айтты:

- Мындай жумушчу топторду түзүү – жөн гана көз боемочулук. Биринчиден, шайлоочулардын же депутаттыкка талапкерлердин арыздарын териштирүү үчүн сот органдары, жергиликтүү шайлоо комиссиялары жана Борбордук шайлоо комиссиясы бар. Эгерде президентке атуулдар шайлоого байланыштуу арыздары менен кайрылса, анда ал өзү жооп берүүгө тийиш. Ал эми мындай жумушчу топторду түзүү менен күнөөлүүлөрдү жоопко тартып, шайлоону ачык өткөрүп жиберебиз деген ойлордон мен алысмын, - деди Эдил Байсалов.

КЫРГЫЗСТАНДА ДИНДЕР КАГЫЛЫШЫ КҮТҮЛӨБҮ?

«Коом жана турмуш» аттуу маалымат-аналитикалык түрмөгүбүздүн кезектеги санын сунуш кылабыз. Бүгүнкү чыгарылышы «Кыргызстанда ар түрдүү диндердин кагылышы мүмкүнбү?» деген темага арналат.

Б. ДОСАЛИЕВА - Саламатсыздарбы, урматтуу угармандар! «Азаттык» радиосунун маалымат –аналитикалык түрмөгү бүгүн бекеринен Кыргызстандагы ар кыл диндер жана алардын коомго тийгизген таасири жөнүндөгү маселеге арналган жок.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жакында ар кыл диндердин, анын ичинде тоталитардык багыттагы диндердин таасири күчөп, аларды ээрчиген адамдардын көбөйүп бараткандыгына тынчсыздануусун жарыя кылды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматы боюнча, азыр өлкөдө 30дан ашуун диний багыттар бар. Алардын ичинде Кыргызстанда түптүү деп эсептелген ислам менен христиандардын православ динининен тышкары католик, протестант, будда, иудей, бахаи жана башка диний багыттар бар.

Ислам дини боюнча иш жүргүзгөн 2000 мечит,9 казыят,25 борбор,чет өлкөлүк үч конфессия, бир университет,6 институт жана 41 медресе бар. Ал эми христиан багытында 279 жай, анын ичинде 44 храм, аялдардын бир монастыры, 2 диний уюм иш жүргүзөт.

Католиктердин үч коому, протестанттардын 235 диний жайы,анын ичинде чет өлкөлүк 21 конфессиясы, 12 окуу жайы, 7 борбору бар. Андан тышкары иудейлердин 2 коому,буддисттердин бир бирикмеси жана Бахаилердин 12 коому иштейт.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия төрагасынын орун басары Наталья Шадрованын айтымында, комиссиянын атайын каттоосунан өтпөй туруп, коомдук фонд же уюм катары эл арасында иш жүргүзүп, өз катарын толуктоого ашыккан «Сан Мен Мун», «Белое братство», «Махаришинин менеджмент» мектеби, «Шри Ченмоя» деген диний багыттагы уюмдардын иши тынчсызданууну жаратууда. Анда ал тууралуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Өскөн Осмонов менен болгон маектен кененирээк кабар алалы:

- Өскөн мырза, сиз жетектеген комиссия ар кыл диний багыттагы уюмдардын Кыргызстандагы аракеттерине тынчсызданууну билдирди. Буга эмне себеп болду?

ОСМОНОВ:- Демократиялык эркиндиктен пайдаланып,өз мамлекетинен куулган диний уюмдар Кыргызстанга келип, атайын каттоодон өтүп алып иш жүргүзгөнгө аракет кылышат. Мисалы, Кытайда пайда болуп, ошол өлкөдө тыюу салынган «Фалунгун» диний уюму бар. Ошондой эле «Церковь обьединения Муна» , Украинада пайда болгон реакциячыл мүнөздөгү «Белое братство», анан адамзатка көпчүлүк жагынан коркунуч келтирген «Сатанизм» диний уюму бар. Булар өтө коркунучтуу. Анткени, булар адамдардын психикасына таасир этет. Башка өлкөлөрдө ал уюмдарга кирип кеткен адамдар акылынан ажырап, үй-бүлөсү менен өлүп аткандар бар. Жүз, беш жүз адам биригип, Кудайга жакшы иш кылып жатабыз деген сыйынуу жөрөлгөсүн жасап жатып, өздөрүн өзү өрттөп жиберген учурлар да бар. Алар адегенде бизге кайрылышкан, бирок, азыркы мезгилде жашыруун иш жүргүзүп жатышат. Булардын колдоочулары деле кыргыздын уландары менен кыздары экендиги бизди өкүндүрөт.

- Сиздердин иликтөө боюнча бир динден экинчи динге өтүүнүн башкы себеби эмне?

ОСМОНОВ:- Батыштан келген диндер материалдык жактан абдан бай. Буларда, мисалы, протестант дининде «Закон десятины» деген мыйзамы бар. Алар тапкан кирешесинин 10 процентин өзүнүн уюмуна алып барып берип турат. Анан буларды колдогон миллионерлер бар. Ошондуктан, алар эч качан акчаны аябайт. Айрым айылдарга кийим-кече, азык –түлүк жактан эле жардам бербестен айыл чарба техника жагынан да жардам берип жаткандар бар. Ушундан улам элдин көпчүлүгү жүрөгү менен тартылбастан материалдык кызыкчылык үчүн тартылып кетишүүдө.

- Бирок, эмнегедир башка динге өткөндөрдүн арасында жаштар көп болууда, мунун да бир себеби бардыр?

ОСМОНОВ:-Булар адамдын психикасына көп таасир эткенге аракет кылышат. Мисалы,ислам дининде арам деп ичкилик ичүүгө тыюу салынат. Ал эми протестанттык динде тескерисинче, сыйынуу маалында жаштарга «пайгамбардын каны, пайгамбарга сыйынуунун бир жолу» деп вино беришет экен. Виного кошуп баңги заттарынын анча күчтүү эмес түрлөрүн берип коюшат экен. Ошону кабыл алгандар эртеңки күндөгү сыйынууну күтүп калышат экен. Анан булардын дагы бир өзгөчөлүгү турмушка абдан катуу ыңгайланышкан. Мисалы, булардын сыйынуусу үчүн ислам дининдегидей мечиттин, православ же католик дининдегидей чиркөөнүн да кереги жок. Үйдүн бир эле бөлмөсү болсо 20-30 адамдын сыйынуусуна жетет. Жайдын күнү болсо суунун бою болобу, талаа болобу отуруп алып сыйына беришет. Ал тургай комуздун күүсүнүн коштоосу менен Кудайга сыйына берсе болот дешет. Демек, булардын талабы абдан жеңил. Экинчи жагынан айрым бир протестанттык уюмдар жаштарды чогултуп алып сыйынуу мезгилинде экстаз абалына келтирип топ менен жыныстык катнашууга тарткан учурлар бар. Жаштардын бирөө өтүп, ушундай нерселерди көргөндөн кийин мектеп окуучусу өзүнүн классташтарын, студент болсо курбуларын ээрчитип барганга аракет кылышат экен.
Мына ушундай диний уюмдардын таасири азыр билинбеген менен жарым кылым өткөндөн натыйжасы билинип,элибиз өзүнө мүнөздүү касиеттеринин баарын жоготуп, маңкурттарга айланып калабы деген коркунуч бар.

- Маегиңиз үчүн рахмат!

ДОСАЛИЕВА:- Айрым байкоочулардын баамында,Кыргызстандагы мусулмандардын башка динге өтүүсүнүн дагы башка себептери бар. Анын бири ислам дини боюнча кызматкерлердин исламдын философиясын эл арасына жеткиликтүү жеткире албагандыгы. Мындай пикирге негиз берген жагдайлар бар экендигин Кыргызстандагы мусулмандардын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов мойнуна алган менен ислам динине жамынган айрым экстремисттик уюмдардын аракеттери да терс таасир берип жаткандыгын белгилейт:

- Исламга жамынып алып, аны өзүнүн негизги куралы катары эсептеп, бирок, түпкүлүгүндө башка максатты көздөгөн кээ бир агымдар, уюмдар, топтор жана партиялар биздин азыркы кездеги башкы көйгөй. Мисалы, «Хизбут-тахрир». Келечекте ушулар ислам динин тутунган адамдардын баарына залакасын тийгизээри ажеп эмес. Бул бир. Экинчиден, ар бир адам өзүнүн акылына таянып дин тандаш керек. Анан эң негизгиси –исламда акчага же материалдык жардамга кызыктырып, ыйманга тартуу деген жок. Пайгамбарыбыз мындай ишти жек көргөн. Пайгамбарыбыз ар ким өз дили, чыныгы ишеними менен исламды тутушу керек деп айткан. Мындан тышкары биздин каражатыбыз тартыш болгондуктан биз бирөөлөрдү акча менен мажбурлап тартууга барбайбыз.-

Ал эми Кыргызстанда иш жүргүзүп жаткан салттуу эмес диний багыттардын өкүлдөрү өз катарына башка динди тутунган адамдардын көп өтүшүнө акча, материалдык кызыкчылык башкы шыкак болуп жатат деген ойго макул эмес. Алардын бири, Кыргызстанда 1996-жылдан бери иштеген жана Дин комиссиясынын тыянагы боюнча зыяндуу деп эсептелген «Махаришинин менеджмент» мектебинин башкы директору Андрей Евдокимов мындай дейт:

- Биринчиден, мындай кооптонуу алардын иштегиси келбегенден эле чыгып жатат. Мисалы үчүн, бизге комиссиянын бир да кишиси басып келген жок. Ушундан улам алар мындай тыянакты кантип, кайдан чыгарганын мен билбейм. Балким, мектептин негиздөөчүсү улуту боюнч индус Махаришинин атынан эле пайда болуп жаткандыр. Экинчиден, биз Билим берүү министрлигинин лицензиясынын уруксааты менен иштейбиз. Аны берүүдөн мурун Билим берүү министрлигинин эксперттик комиссиясы катуу текшерип туруп, биз дин менен байланыштуу иш жүргүзбөшүбүзгө көзү жеткенден кийин гана лицензия берген.

Андрей Евдокимовдин айтымында, мектепте окутулган трансвентиалдык медитация деген көнүгүү эч бир динге байланышы жок. Ага дүйнөнүн 120 өлкөсүндө уруксаат берилип, медитацияны үйрөнүүгө АКШ бюджетинен жылына 20 миллион доллар бөлөт.

Дин комиссиясынын жетекчиси Өскөн Осмонов белгилегендей, материалдык, физиологиялык кызыкчылыктардан улам бир динден экинчи динди тандаган айрым атуулдар кийин психиологиялык кыйын кырдаалга түшкөнү маалым. Ага Жалалабад облусундагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимовдун түштүктөгү башка динге өтүп кеткен айрым атуулдар менен уюштурган төмөнкү иликтөөсү күбө:

АБДРАИМОВ:- Облуста Иса пайгамбарга сыйынгандар үчүн чиркөө, коомдорду кошкондо онго жакын атайын жайлар бар.Коомчулуктун байкоосу боюнча Жалалабад шаарында христиан-баптисттик,евангелисттик жана «Иса машаяк», «Жетинчи күндүн адвентисттери», «Люттеран» өңдүү диникайырлардын түйүндөрү иштейт. Мектеп окуучулары менен улан-кыздарга англис тилин үйрөтүү, Иусус Христос жөнүндө баяндаган тасмаларды көрсөтүү аркылуу жаштарды христиан динине тартууну көздөгөн миссионерлер да жок эмес.Диникайыр уюмдардын өкүлдөрү жумушсуз,оорулуу,аң-сезими калыптана элек жаштарды Кудай алдындагы жооптуулук,аркы дүйнөдөгү тозок менен коркутаары Айсулуу аттуу кыздын аңгемесинен белгилүү болду:

Айсулуу:- Кээ бир миссионерлер келип «ата-энең өлөт, сен күнөөлүү адамсың, сен ушул динге өтсөң баардык күнөөңдөн кечирилесиң, өзүн гана эмес үй-бүлөңдүн баары куткарылат» деп коркутушкан. Албетте, мындай нерселерди жаштарга айтканда алар коркушуп ошол динге өтүп кетишет. Анан өзүнөн башка сөзсүз түрдө үч адамды тартып келиш керек. Андан тышкары тапкан кирешеңдин 10 процентин чиркөөгө беришиң керек ,-дейт дини кайырлардын арбоосуна туш болгон Айсулуу.

Өзү менен жакындарынын башына күн түшүп калганда Иса пайгамбарга чокунган Руслан Жунусов христиандыкты эки жыл мурда кабыл алган.Русландын жообуна караганда христиан динине киргендерге материалдык жардам же акча берилет деп эл ичинде айтылган пикирлер туура эмес:

Руслан: - Менин оюмча бул Кудайдын каалоосу. Анткени, менде көп суроолор бар болчу. Мен бул дин тууралуу биринчи уккандан кийин бир жыл бою көп ойлонуп, анан кирдим. Бул жердеги башкы артыкчылык Кудайдын бизге кылган ырайымы. Мен ошол ырайымды Ыса машаяктан таптым. Менин үй-бүлөм, ата-энем билишет. Карындашым дагы ушул Кудайга ишенет. Мен бир жыл ушул диндеги адамдар менен жашадым.Алар менен жашап, турмушун көргөндөн кийин акча берет деген сөздөрдүн туура эмес экендигине ишендим.

АБДРАИМОВ:- Жалалабад облустук администрациясынын дин иштери боюнча кызматкери Садырбек Качкынбаевдин айтымында, христианчылыкка көбүнчө ислам дини менен таанышы жок жарандар өтүүдө. Дин тутуу эркиндигине ылайык диникайырлар каттоого алынбайт. Бирок, христиан динин 150-200 адам кабыл алган деген божомол бар:

Садырбек Качкынбаев:- Башка динге өтүп жаткан адамдардын баары мурда мусулмандык чыныгы парзды деле аткарышпагандар. Мисалы, гуманитардык жардам берип жатышса, 10-15 адам башка динге өтүшөт, бирок, ага деле туруктуу ишеними болбойт.Эки-үч жылдан кийин ал жердеги адамдар кайда кеткендерин билбей деле калам.

Ал эми диндер ортосундагы жаңжалдарды изилдеп жүргөн адам укугун коргоочу Абдималик Шариповдун пикири боюнча христиандыкка көп киши деле өткөн жери жок:

Абдималик Шарипов:- Башка динге бир же эки адам өтүп кетсе эле көп киши өтүп жаткандай пикир жаратышат. Мен андай көрүнүш жок деген ойдомун.

ДОСАЛИЕВА:- Анткен менен бир динден экинчи динге өтүү жана бул жагдай жараткан айрым карама-каршылыктардан улам бул көрүнүшкө карата коомдо пикир ар кыл. Ага кесиптешим Мээрим Султангазы эл арасында жүргүзгөн төмөнкү сурамжылоо жакшы далил:

БАКЫТ:- Менин атым Бакыт. Азыр кээ бир жаш балдар, жигиттер ар кандай секталарга барышат. Көп секталардын терс жактары бар, бирок, айрымдарынын дурус жагы да бар. Кээ бирлери гипноз менен адамдарды азгырып, өз уюмдарына киргизип алып, кийин үй мүлкүн, байлыгынын баарын алып коюшат деп жүрүшөт. Мен аларды билбейм, түшүнбөйм жана ал жөнүндө айта албайм. Бирок, көп секталардын ойлору жакшы эмес жана адамга терс таасир берет деген ойдомун.

Карыя:- Кайдагы уюмдар келип алып элдин арасында башты айлантып, көрүнгөн жерде китеп таратып, акча беришет. Секта деген аты эле анын маанисин билдирип турбайбы. Кыргыздар «Бөлүнгөндү бөрү жейт» дейт. Ушул жалпы элдик турмуштан бөлүп алып, алдап, эптеп-септеп башын айлантып, жаштарыбыздын бөтөнчө кыздарыбыздын убалына калып атышат. Жаштарды ошондой секталардан сакташ керек.

МАЙРАМ: - Мен 34 жаштамын. Азыркы убакта Кыргызстанда ар кандай секталар пайда болуп жатат. Тааныштарыбыз кирип кетип жатканын деле көрүп жатабыз. Мисалы, менин бир кошунам бар, ал баптист болуп кеткен. Алар айт же болбосо ар кандай майрамдарды белгилеп майрамдашпайт. Менин оюмча адамдардын ушундай секталарга кирип кетишинин биринчи себеби жумушсуздук. Себеби, киргендерге секталар акча беришет экен. Акчага кызыгып эле кирип кетишет экен. Мисалы, Ош базарынын жанында баптистердин сектасы бар.Келгендерге 100 доллар берет экен деп уккам. Биринчи өзүң келет экенсиң, анан туугандарыңды, тааныштарыңды алып келишиң керек экен. Менин оюмча, ушундай жол менен эмес башка жол менен акча тапса деле болот .
АЙНУРА:- Мен 25 жаштамын. Мен мындайга каршы эмесмин, анткени азыркы мезгилде ким кайсы динге берилип кетет, ал адамдын жеке өзүнүн гана иши. Аны адам өзү тандайт да. Аларга бирөө жарым диний көз карштарын таңуулап жатат деп деле айта албайм.

Ал эми Бишкектеги православ чиркөөсүнүн кызматкери ар кандай максатты көздөгөн диний багыттардын аракетине мамлекет чек коюуга милдеттүү деген ойдо:

- Адам баласынын душмандары адамдар аркылуу ушундай иштерге барып жатат. Алар мусулмандар арасында да көбөйдү. Мындай агымдардан адам, анын үй-бүлөсү, элдер, мамлекеттер жана ишеним куурап жатат. Конституция боюнча дин кызматкерлеринин үймө-үй кыдыруусуна тыюу салынган. А алар эмне үчүн кыдырып жүрүшөт? Аларга ким уруксаат берди? Тартип коргоо органдары менен бийлик эмнени карап жатат? Мамлекет элди бөлүп-жарган ушундай көрүнүштөрдү токтотуусу керек.

Православ чиркөө кызматкеринин айтымында, бир сектага кирген аял күйөөсү менен балдарын таштап Америкага кетүүгө камданып жүрөт. Мурда мусулман динин туткан дагы бир кыргыз жигит ата-энесинен безип кеткендигин мисалга тартып, бул адам тагдырындагы оор кайгы экендигин белгиледи. Андан тышкары «Сан Мен Мун» сыяктуу уюмдар чет өлкөлүк жигитке күйөөгө чыгууга үндөгөн рекламалар аркылуу кыргыздын кыздарын ар кандай иштерге алып кетип жаткандыгына кабатырланды.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия төрагасы Өскөн Осмонов ар кандай багыттагы диний уюмдардын аракетине мамлекет тыюу сала албасын билдирди:

-Муну мамлекеттик орган жасай албайт. Аларды каттоого албай коюуга биздин укугубуз жок. Себеби, алардын документтеринде биздин коомдук түзүлүшкө каршы келген жагдайлар жок. Биринчи кезекте буга каршы коомчулук, адамдар өзү күрөшү керек. Мамлекет жасайт деген заман өттү. Ар бир этнос, ар бир мамлекет жана улут өзүнүн өнүгүшү жана сакталып калышы үчүн өзү кам көрүшү керек.

ДОСАЛИЕВА:- Анткен менен Кыргызстандын масштабында болбосо да айрым аймактарда ар кандай дин тутунган адамдар менен үй-бүлө мүчөлөрүнүн карама-каршылыгы көкүрөк эзген кооптуу көрүнүш экендигин Ысыккөл, Нарын облустарында өткөн жылдары болгон окуялар айгинелейт. Анан да диний конфессиялардын материалдык байлыгына кызыгып, дин тандаган айрым адамдардын азыр Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга акыркы үмүт менен кайрылуулары келечекте бул көрүнүш өтө опурталдуу жагдай түзөөрүнөн кабар бергенсийт:

- Мындан 4-5 жыл мурун протестанттык багыттагы диний уюмдарга өткөн кыргыздар бизге даттанып келип жаткан учурлар бар. Алар «адегенде чын эле бизге жардам берип, уй, кой алдык эле, турмушубузду оңдоп алдык эле. Азыр кирешебиздин ондон бир бөлүгүн төлөгөндө кайра жакырлана баштадык» дешет. Булар адегенде адамдарды алдап, өз динине тартып алат экен да, андан кийин жетекчилери мүчөлөрүнүн эсебинен материалдык байлык топтоого, мүчөлүк акыны көбүрөөк алганга аракет кылышат экен. Адегенде алданып кирип алып, андан кийин өмүр бою кирешесин бөлүшүп, карыз болуп, андан чыгуунун жолун издеп бизге келип жатышат.

Урматтуу угармандар, сиздер «Коом жана турмуш» аттуу маалымат- аналитикалык түрмөгүбүздүн кезектеги санын уктуңуздар. Бүгүнкү уктуруу «Кыргызстанда ар түрдүү диндердин кагылышы мүмкүнбү?» деген темага арналды.

КЫРГЫЗСТАН ӨЗӨКТҮК КУРАЛДЫ КОЛДОНБОЙТ ЖАНА КОЛДОБОЙТ

Борбор Азиядагы беш мамлекеттин эксперттери Ташкенде өзөктүк куралдардан эркин аймак жөнүндөгү келишимдин долбоорун даярдашты. Казакстандын Семипалатинск шаарында беш мамлекеттин башчылары аталган келишимге кол коюшмакчы.

Казакстан,Кыргызстан, Өзбекстан,Түркмөнстан, Тажикистан мамлекеттеринин эксперттери жана эл аралык эксперттер өзөктүк куралдардан эркин аймак түзүү жөнүндөгү келишимдин үстүндө бир нече жылдан бери иштеп келишкен.

Жакында Ташкен шаарында аталган келишимдин долбоору даяр болгондугун Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков билдирди:

- 7-8-февралда Ташкен шаарындагы жыйында талкуу болуп, анда өзөктүк куралдардан эркин аймак түзүү жөнүндөгү келишим соңуна чыкты. Долбоор даяр. Буюрса келишимге 5 мамлекеттин башчылары Семипалатинскиде кол коет.
-деди Талант Кушчубеков.

Анын айтымында, Кыргызстан өзөктүк куралдарды өндүрүүгө жана аны пайдаланууга жол бербейт. Бириккен Улуттар Уюмунун атом кубаты боюнча агенттигинин өзөктүк куралдарга каршы программасын колдойт.

Ал эми экс-элчилердин Жогорку Кеңешке шайлоого талапкерликке катталбай калышына байланыштуу Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков өз пикирин айта кетти:

- Мыйзам жаман болобуже жакшы болобу баары бир мыйзам. Демократиялык, укуктук мамлекет түзөбүз деп жаткандан кийин мыйзамды ар бир атуул аткарууга тийиш. Шайлоо Кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун президент же өкмөт сунуштаган жок, аны парламент кабыл алган.Элчилердин укугун чектөөнү парламент чечти. Элчилерге мына ошол мыйзам тоскоол болду. Алардын укугунун чектелиши, албетте, өкүнүчтүү.

“МИНИСТР КЕЗИНДЕ ЖАКШЫ, ОППОЗИЦИЯДА ЖАМАН”, АКШ ЭЛЧИСИНИН МАЕГИ ЖАНА “А. АКАЕВ САЛГАН ҮЙ”

Кыргызстан элинин 5-курултайында президент сунуш кылган тазалык программасы тууралуу ар кыл пикирлер жарыяланууда. Парламенттик шайлоо алдындагы саясий кырдаал, журналисттин адеп-абийири, АКШнын Кыргызстанга берген жардамы сындуу олуттуу темалар кыргыз гезиттеринде чагылдырылды.

«Жалаң эле колду жуубай, кулакты деле тазалоо керек» деп жазды бейшембидеги «Трибуна» гезити Кыргызстан элинин 5-курултайынын чечими жөнүндө.

“Мындан ары мамлекеттик кызматкерлер кызматына киришерден мурун колун жакшылап самындап жуушу керек. Антпегендер үстөлүнөн ажырап, ишинен куулат. Мамлекеттик кызматчы өз нанын таза колу менен таап жеши абзел. Антпесе, колун - самын, бутун - «Тайд» менен жууса да айыпка жыгылып, азапка кабылышы ыктымал” деп жазат гезит автору Р.Жанбалаев.

Автордун айтымында, биздин аткаминерлер президенттин сестүү эскертүүсүн оң кулагы менен угуп, сол кулагынан чыгарып ийишке көнгөн. “Ошон үчүн президенттин беш бөлүктөн турган программасына «Чиновниктердин таза кулагы» деген бөлүмдү кошуу зарыл” дейт макала автору.

«Контракт коррупциядан сактануунун жолу» деп жазат бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде Токой кызматы жетекчисинин орунбасары А.Самыкбаев. Анын ырасташынча, колунда контракты бар, ишин жакшы аткарган кызматкер жетекчисине мурункудай көз каранды болбой калат.

Гезитте чет жерде иштеп жүргөн кыргыз эмгек мигранттарынын проблемасына арналган макала жарыяланган. Басылманын маалыматына ынансак, Кыргызстандан Орусия менен Казакстанга иштөөгө кетип аткандардын көпчүлүгү тийиштүү документтерин топтошпойт.

“Парламент шайлоого Кыргызстан Акыйкатчысы көзөмөл жүргүзүүгө акысы барбы-жокпу суроосу Шайлоо кодексинде белгиленбей калыптыр” деп жазат жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде Эмилбек Момунов. Ушу тапта БШК менен Акыйкатчы институту мыйзамга таянып бул маселе боюнча талаштын өртүн тутандырышууда.

«Аалам» гезити апта соңундагы санында добуш берүү баракчалары «Учкун» басмаканасында басыларын маалымдады. «Болжол менен көгүш түстөгү 2 млн. 600 миң бюллетен даярдалышы күтүлүүдө. Алар 12-февралдан 17-февралга чейин басылып бүтөт. Ал эми ага болгон көзөмөл кандай болот, бул акыйкатты сүйлөгөндөрдүн абийиринде» деп жазат журналист Кенжебек Арыкбаев.

Ушул эле гезитте журналист Кенжалы Сарымсаков кыргыз журналисттеринин адеп-ыйманына байланышкан маселени козгогон. Өкмөттүк гезиттер министр, ректор болуп турган чагында Ишенгүл Болжурованы асман-айга жеткире көкөлөтүп мактап келишсе, эми анын ата-тегине чейин асылып, теңирден тескери кетишине токтолуп, автор минтип жазат: «Мурда теги да, өзү да, иши да өрнөк, үлгү делип гезит, телерадио аркылуу даңазаланган ректор, министр неге бүгүн токсон градуска тескери айтылып атат? Ушунун өзү саясатпы? Саясат болсо анын кереги кимге? Мүмкүн бирөөлөргө керектир. Бирок улутка, элге кереги жок. Калк калыс сөзгө татыктуу».

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг «Аалам» гезитинин суроолоруна жооп берген. Элчинин айтымында, 1992-жылдан бери АКШ Кыргызстанга 750 миллион доллар акча жардам катары берген.

Айрым өкмөттүк басылмалардын АКШ элчисине карата сын пикирлерине токтолгон Стивен Янг момундай жооп узаткан: «Эң башкысы сиздердеги айрым мамлекеттик чиновниктерге окшоп мени айрым учурда ашыкча «көөлөп» ийген басма сөздөр менен соттошпойм. Мен өз ишимди аткара берем. Алар өз ишин аткарышууда».

Президент А.Акаев бийлигин узартуу үчүн эки варианттын бирөөн тандап алышы ыктымал экендигине жума күнкү «Кыргыз руху» гезити токтолду. Анда жазылгандар боюнча, жалаң капчыктуулардан чогулган жаңы парламент Конституцияны өзгөртө коюп президентти депутат андан соң спикер кылып шайлап тынышат да, көп өтпөй өкмөттү жаңылап, ордуна экс-президентти дайындап жиберишет.

“Эгер бул жол жарабай калса президент мураскерин тандай албай убакытты колдон жулдуруп салышы ыктымал” деген болжолду алдыга жаят гезит авторлору А.Дүйшөмбиев менен Т.Бешкемпиров.

«Агым» гезитинин жума күнкү санында Кыргызстандын Индиядагы элчиси Бакыт Бешимовдун «Коррупция кожоюндук кылган мамлекетте демократиянын өнүгүп-өсүшү мүмкүн эмес» деген аталыштагы маеги жарыяланды.

«Бийликте кээ бир топтор, айрыкча 1996-жылдан кийин, туура эмес балит идеяларга өздөрүн багынтты. Демократия учурунда бийликти кара күч (административдик ресурс) жана финансылык үстөмдүк менен кармайбыз деген ой көп жетекчилердин башын айлантты» дейт Бакыт Бешимов.

Жума күнкү «МСН» гезитинде «А.Акаев салган үй» деген саясий темадагы ыр, ага журналист Р.Приживойттун кириш сөзү жарыяланды.

ИШЕНГҮЛ БОЛЖУРОВА: «ЖАШТАР КОРРУПЦИЯЧЫЛ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БИЙЛИККЕ КАРШЫ ЧЫГУУДА»

Кыяс Молдокасымов, Бишкек Байкоочулар парламенттик шайлоо жакындаган сайын өлкөдөгү кырдаал күндөн-күнгө курчуп баратканын белгилешет. Кыргызстан элдик кыймылдын төрага орун басары Ишенгүл Болжурова «Азаттыкка» куруп берген маегинде соңку бир айдын ичинде болгон Бишкектеги нааразычылык акциялар элди ойготуп, азыркы бийликке карата ишенимдин жоголуп бара жатканын далилдээрин белгиледи.

- Ишенгүл эже, угармандардан ар кандай суроолор түшүп атат, мисалы, шайлоо мезгилинде Элдик кыймылдын аракеттери эмнегедир солгундап кеткендей болду деген. Ушул маселе боюнча сиздин пикириңиз кандай?

- Жок. Биз азыр кадимкидей эле ишибизди өрчүндөтүп эле иштеп атабыз. Мисалы, Элдик кыймыл мамлекетте болуп аткан шайлоо кампаниясына байланыштуу өткөрүлүп жаткан конференциялар болобу, тегерек үстөлдөр болобу ошолорго катышып, өзүбүздүн ураан болуп калган акыйкат шайлоо, Конституцияны, закондорду бузбоо деген ураандар менен көп нерселер жасалып атат. Мисалы, 5-февралда өткөн митингде уюштуруучулардын бири болдук. Экинчи нерсе, облустардагы өзүбүздүн филиалдар, уюмдар менен тыгыз иштөөдөбүз. Учурда жер-жерлерде Кодексти бузуулар болуп атат, ошолордун баарына өзүбүздүн позициябызды билдирип атабыз.

- 5-февралда өткөн митинг жөнүндө айтып кеттиңиз, Элдик кыймыл ошондой эле «Ата журт» бирикмеси түзүлгөндөн бери нааразычылык акциялар көп эле өтүп келе жатат. Ушулардан элдин аң сезиминде өнүгүү, өзгөрүүлөр болуп атабы?

- Албетте, бүт митинг, пикеттерге өзүм да катышып, эл менен, Элдик кыймыл менен чогуу чыгып атам. Менимче, жакшы көрүнүштөрдүн бири – эл ойгонуп атат. Мисалы, биринчи митингдерге 150-200дүн тегерегинде киши келсе, он тогузунда өткөн пикетке 800дөй киши келди. Ал эми 5-февралда Жеңиш аянтта болгон митингде эки жакшы көрүнүшкө мен өзүм көңүл бурдум. Биринчиден, жаштар көп келиптир. Экинчиден, ага бүт Кыргызстанда жашаган көптөгөн улуттардын өкүлдөрү келиптир. Кыргыздар эле эмес, кыргызстандыктар, бул элибиздин козголгон жаңы этабы болуп атат.

- 5-февралда болгон митингде жаштар көп келди деп айтып жатасыз. Ал эми Аскар Акаев «Независимая газетасына» берген маегинде «Бишкек шаарынын тургундары Украинада менен Грузиядагыга окшоп азыркы оппозицияны эмес , жаштар бүт азыркы бийликти колдойт» деген пикирин айтыптыр. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

- Ал киши өзүн өзү алдап атабы, же баягы эле жомокторун айтып атабы? Бирок мен 5-февралдагы митингден өз көзүм менен көргөнүм көбүнчө жаштар сүйлөп, «коррупцияга малынган бул үй-бүлөлүк бийликке каршы чыгып атабыз, жаңы жаз келсин» деген ураан менен чыгышты.

- «Независимая газетага» чыккан мегинде Аскар Акаев бүгүнкү оппозиция менен диний экстремисттик уюмдарды өлкөгө зор коркунуч туудурган күч катары сүрөттөптүр. Чындыгында мамлекет башчы айткандай өлкөдө оппозиция менен диний экстремисттик уюмдардын биригип кетүү коркунучу барбы?

- Билесиңерби, кыргыздарда минтип айтат эмеспи «кыз бозуса энесин коркутат» деп. Мына, 14 жылдан бери көп болсо элүүдөй эле жаңы мектеп курулду. Күчтүн, бийликтин баары президенттин өзүндө. Ошондуктан диний экстремизмдин өрчүндөшү үчүн өзү база түзүп берди. Өзү математик болгондон кийин ошондой бир формула менен көптөн бери эле, октябрдан бери эле коркутуп келатат. Оппозиция, радикализм, диний экстремизм, баары чогулуп келип терроризмге барабар болот деген формуласын айтып келет. Чынында бул калп. Эч бир оппозиция диний радикалдар менен жакындыгы жок, ортобузда жакындоо үчүн баш коштурар максат дагы жок. Биз келечекте цивилизациялуу, дин мамлекеттен айрылган, демократиялык өлкөнү куралы деген эле ойдобуз.

- Ишенгүл эже, мына силер пикетке чыккан үчүн соттук дооматтар, соттук териштирүүлөр болуп атат. Силерге миң сомдон айып пул да салышты. Мына ушул сот жараяндары тууралуу сиздин көз карашыңыз кандай?

- Мен дагы бир жолу айтып кетким келет, бул сот саясий заказ болуп калды.Адам укугун тебелеп, мыйзам бузгандыкты көргөздү. Ошондуктан Акаев өзү айткандай 80 пайыз эл сотко ишенбейт дегенине, мен мурун кичине ишенбей жүрдүм эле. Ошол сот жараяны өткөндөн баштап менимче 90 пайыз эл сотко ишенбейт го деп калдым. Бирок соттун күнөөсү жок бул жерде. Анткени сотубузду, милициябызды, прокуратураны ушундай абалга келтирген бийлик болду. Ыплас иштери менен бийлик ушуга алып келди. Ал эми адилетсиз сот болгондуктан биз Бишкек сотуна кайрылып атабыз, андан кийин Жогорку сотко кайрылабыз. Алар дагы туура эмес чечим чыгарса, биз ООНдогу укук коргоо комитеттерине кайрылабыз.

- Ишенгүл эже, Кыргызстан элдик кыймылдын төрага орунбасары болгондон кийин, анан соңку пикеттерге активдүү катышкандан бери өкмөттүк маалымат каражаттары сиз жөнүндө көп макалаларды жарыялады. Ошол макалалар тууралуу, андагы сиз жөнүндө коомдук пикирди түзүү үчүн аракеттерди кандай карайсыз?

- Чындыгында буга күлсө болот. Албетте булар «ура» деп тосуп албайт эле. Мен ал макалаларды карап туруп мындай «ириген ооздон, чириген кеп чыгат» деген сөздү эстедим. Заказчиктер дагы, ошол заказды аткаргандар дагы өзүнүн саясий, адамдык, маданий пастыгын көргөзүп алышты. Элибиз айткандай «кербен жүрө берет, ит үрө берет» дегендей, албетте, айтышат. Бирок мен алардын ыплас иштери жөнүндө көптөгөн маалыматым бардыгына карабай аларга теңелгим келбейт. Өз убактысында мен дагы айтаармын. Бирок мен азыр буларга эч көңүл бурбастан, максатым, тилегим, үмүтүм, ишим дагы Кыргызстандын өнүккөн келечеги үчүн, балдарыбыздын бакубат турмушу үчүн, демократия орношу үчүн иштеп, аракет кыла бермекчимин. Дагы бир жолу айтып коёюн «ит үрө берет, кербен жүрө берет» мен аларга көңүл бурбайм.

- «Азаттык» радиосунун Бишкек студиясына келип кеңири маек куруп бергениңиз үчүн ырахмат.

«ТАЗА КЫРГЫЗСТАН» ДЕГЕН УРААН ӨЛКӨНҮ ТАЗАРТА АЛАБЫ?

Айданбек Акмат уулу, Бишкеk Кыргызстан элинин курултайында президент Аскар Акаев “Таза Кыргызстан” деген жаңы долбоорду калкка сунуштады. Беш бөлүктөн турган долбоор аркылуу өлкөдөгү эң татаал маселелерди чечүү максаты коюлган. Бул программа коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратты.

Курултайда ачыкталган “Таза Кыргызстан” долбоору беш бөлүктөн турат. “Таза суу”, “Таза шайлоо”, “Таза технология”, “Таза жаратылыш” жана “Таза колдор” деп аталган. Коомчулукта бул долбоор ар кандай пикирлерди жаратып жатат.

Оппозициялык күчтөр таза шайлоо жана таза колдор жөнүндөгү бийликтин сөзүн мыскыл менен кабыл алганы да жашыруун эмес.

Эл аралык «Трансперенси интернешнл» уюмунун иликтөөсү боюнча Кыргызстан коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарында. Ал коррупциянын деңгээли боюнча африкалык Зимбабве, Нигерия, Судан өңдүү өлкөлөр менен катарлаш турат.

Бир катар саясатчылар “Кумтөрдүн” “Центерра голд компани” ишканасына сатылышын, өткөн жылдагы паспорт чатагын былтыркы ири коррупциялык көрүнүш катары баалашкан.

Президент Аскар Акаев курултайдагы сөзүндө коррупцияга каршы буга чейинки күрөш натыйжасыз болгонун билдирген:

- Коррупцияга каршы биз көрүп келген чаралар, күч колдонуу ыкмаларыбыз натыйжа берген жок, ошондуктан биз башка чечкиндүү жолдор менен күрөшүүбүз керек. Бул жагынан алганда Акыйкат башкаруу идеясы жемиштүү боло баштады.

“Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидери Муратбек Иманалиевдин пикиринде, бийлик коррупцияга каршы эч кандай күрөш жүргүзгөн жок. Танаев башында турган Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңеш жыйын куруп, курук сөз сүйлөөдөн башка эч кандай иш аткарган жок. Иманалиевдин айтымында, азыркы бийлик коррупциядан өлкөнү тазалай албайт. «Коррупциядан арылуу Акүйдүн жетинчи кабатынан башталыш керек» дейт Муратбек Иманалиев:

- Негизги маселе жетинчи кабаттын коррупциядан тазаланышы. Ошол жетинчи кабат тазаланса, адан кийин калган жак тазаланат.

“Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова президенттин жаңы демилгесине карата мындай пикирин билдирди:

- Аксы трагедиясын, саясий куугунтукка кабылган Феликс Куловдун тагдырын чечип бериңиз деген жана башка көптөгөн каттарыбызга, суранычтарга президент да, өкмөт да мыйзам чегинде бир көңүл буруп, жооп берип койгон жок. Ошондуктан, бул президенттин алдап келген, алдап аткан жеке саясаты. Анысын жанындагы Осмонакун Ибраимов да билбей калууда.

Кыргызстанда быйылкы жылы парламенттик жана президенттик шайлоолор өткөрүлөт. Бийлик шайлоону таза өткөрүүгө аракет жасап жатканын, ага карабай баары башкача ойдо экенин мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов “Таза шайлоо” жөнүндөгү президенттин демилгесине пикир айтып жатып билдирген эле:

- Баары айтып атпайбы, мынакей баягы дагы башталды деп. Бийлик өкүлдөрү барып, баланчага добуш бересин, түкүнчөгө бербейсиң деп элди кыса баштайт. Ошонун жыйынтыгында шайлоолор таза өтпөй калат дешүүдө. Биз айтып атабыз, таза шайлоо өткөрүш үчүн колдон келгендин, келбегендин баарын жасадык.

Кыргызстан элдик кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү Виктор Черноморец бийликтин бул демилгесин мындай баалады:

- Таза шайлоо дешет. Биздин дипломаттарды шайлоого жолотушпады. Мына ушул таза шайлообу?Биздин лидер Бакиевди өткөрбөй коюш үчүн облустук, райондук жетекчилер үгүт ишин жүргүзүүдө. Буга нааразы болгон Тогузторо районунун акиминин орун басары кызматтан кетти. Аны мен элдик баатыр деп эсептеймин. Ошондуктан айтаарым, бийликтин сөзү менен иши эч качан дал келбей жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG