Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 21-январь, 2020 Бишкек убактысы 12:28

Кыргызстан

БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР АЯЛДАРГА ДОБУШ БЕРҮҮГӨ ЧАКЫРАТ

Кыргызстандагы жети бейөкмөт уюм депутаттыкка талапкер аялдарга добуш берүүгө шайлоочуларды чакырды. Алар жаңы парламентке аялдардын мурдагыдан көбүрөөк шайланышына таасир берүү максатын көздөп жатышат. Бейөкмөт уюмдар мындан тышкары аялдардын бийликке көбүрөөк тартылышына негиз бере турган атайын чараларды көрүүнү бийликке сунуштап жатат.

Жети бейөкмөт айымдардын мамлекеттик башкарууга, анын ичинде мыйзам чыгаруу бийлигине келишине шарт түзө турган кандай чаралар көрүлүшү керек деген маселе боюнча көз караш, сунуштарын аныктоо үчүн алгач мамлекеттик мекемелер, бейөкмөт уюмдар жана эл арасында анкета таратып, аялдарга шарт түзүү боюнча көз караштарын билдирген тараптардын кол тамгаларын чогулткан.

«Социалдык технологиялар боюнча агенттик» деп аталган бейөкмөт уюмдун өкүлү Гүлнара Ибраеванын айтымында, сурамжылоо анкетасына кол койгон 4 миңден ашык адам жана 300дөн ашуун бейөкмөт, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү аялдардын депутат болушу үчүн мыйзам чегинде же башка формадагы атайын чараларды көрүү керектигин билдиришкен.

Алар депутаттыкка ат салышып жаткан 39 аялдын көбү марага жетпей калат, себеби, буга эң ириде улуттук менталитет, аялдардын каражат жагынан көз карандылыгы жана алардын шайланышына көмөк бере турган шарттардын жоктугу тоскоол болорун айтышкан.

Ушундан улам бейөкмөт уюмдар аялдарга шарт түзө турган атайын чараларды тезинен көрүү зарыл деген бүтүмгө келишкен.

- Жалпысынан атайын чаралар көрүү керек. Мисалы, бизде депутаттыкка талапкер төлөй турган күрөө аялдар үчүн азайтылып же жоюулушу мүмкүн. Анткени, статистика боюнча аялдар эркектерге салыштырмалуу абдан аз табат. Же болбосо жалпы эле гендердик квота киргизсек болот жана ал квотаны мамлекет гана эмес саясий партиялар дагы эске алып, аткарууга милдеттениши керек.

Бейөкмөт уюм өкүлдөрүнүн баамында, аялдарга камкордук көрүүнүн башка чараларын, маселен, совет доорунда аялдарга квота берүү системасынын азыркы учурга ылайык башка бир түрүн тезинен ишке киргизүү керек.

Аялдар,үй-бүлө маселелери боюнча улуттук кеңештин жооптуу катчысы Бактыгүл Тойгонбаеванын айтымында, азырынча атайын квота же чара көрүүнүн башка формасын ишке киргизүү мезгил талабына жооп бербейт:

- Квота же башка чара көрүүдөн мурун эң ириде лидер аялдардын өзүн даярдашыбыз керек. Себеби, лидермин деген аялдардын өзү саясат жагынан деңгээли төмөн.Алар кармаштан коркпой, депутат же мамлекеттик жооптуу кызматкер деген милдетти алып жүрүүгө даяр болушу керек. Кеп бул жерде акчада же жеңилдик берүү маселесинде эмес.

Бактыгүл Тойгонбаева өкмөт азыр аялдарга шарт түзүү чаралары башка мамлекеттерде кандай ишке ашкандыгын иликтеп жаткандыгын жана анын негизинде аракеттер көрүлөөрүн кабарлады.

Ал эми Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу айымдардын бийликке келишин шарттаган атайын чараларды көрүүгө, анын ичинде кандайдыр бир сандагы аялдардын чек менен шайлануусуна каршы:

- Эгерде мыйзам чегинде же Конституция аркылуу аялзатка квота берилип, аялдарды парламентке келтиребиз деген чара көрүлсө, ал Кыргызстандын атуулдардын укугун бузат. Биринчи кезекте эркектердин эмес, аялдардын укугу бузулат. Квота менен шайланган аялдардын кандай депутат болорун бир Кудай билет. Ошондуктан, аялдын Жогорку Кеңешке же башка мамлекеттик бийликке түз шайлоо аркылуу, элдин добушун алып келиши зарыл. Экинчиден, эгер квота беребиз десек, анда партиялык тизме менен шайлоо системасын кайра ишке киргизишибиз керек.

Ал эми көпчүлүк байкоочулар азыр талапкер болуп жаткан аялдардын көбү марага жетпей, жалаң эркектерден турган парламент болуп калышы мүмкүн деп кооптонушууда.

КҮҮЛӨР БАЯНЫ: «СААДАК КАКТЫ»

Кезек «Күүлөр баяны» аттуу түрмөгүбүздө. Залкар комузчу, айтылуу обончу-ырчы Атай Огомбаевдин «Саадак какты» аттуу күүсүнүн чыгыш тарыхы менен тааныштырабыз.

Атай Огомбаевдин угармандардын урматына татыган күүлөрүнүн бири – «Саадак какты». Бул күүнүн чыгыш тарыхы жөнүндө калк арасында ар түркүн таржымалдар айтылып келет.

«Илгери – делет, анын биринде, жоокерчилик заманда, кыргыздар казактарга, казактар кыргыздарга чабуул коюшуп бири-бири менен чабышып турушчу экен.

Бир жолку казак менен кыргыздын чабуулунда казактар үстөмдүк кылат. Ошондо бир акылман, кол башчыга келип, «Биз качып барсак айылдагыларга уят болобузго, андан көрө Саадагыңды кагып көрчү. Мүмкүн түбүндө жаанын жебеси болуп жүрбөсүн» дейт.

Саадак – жаанын огу салынуучу баштык. Ал ээрдин кашына илинет. Кол башчы Саадакты каккылап карап көрсө, жаанын бир жебеси гана чыгат. Аны алып кууп келе жаткан казактын баатырын атат. Ал жебенин огунан тыйпыл болот. Ошондо жоокерлердин ичинен бирөөсү:

- Как саадакты, саадакты,
Саадагыңды кага бер,
Кайра качпай душмандан,
Жолун тосуп жата бер.
Түшүрүп колго аларды
Орго- көргө сала бер.

Оо жоокерим, жоокерим
Кайрат кылып качпагын,
Жоокерлерге дем берип
Алдастабай шашпагын.

Терең-терең дем алсаң
Алатоонун атыр жел,
Арт жагыңда силерди
Карап турат кыргыз эл.
Душман менен беттешип
Кайра артка сүрөлү,
Кууп жетип кылычтап
Шылдың кылып күлөлү.

Оо жоокерим, жоокерим
Кайрат кылгын качпагын,
– деп ырдап, мизин кайтарышат.

Кийин бул ырды Атай көркөмдөп күүгө салат. Кадимки эле жаа тарткан жоокердин элесин күү кайрыктарында кудум өзүндөй сүрөттөп берүүгө аракеттенген.

"ЭЛДЕН УУРДАЛГАН АКЧАСЫН АЯНБАЙ АЛА БЕРГИЛЕ!”, ПАРЛАМЕНТТИК РЕСПУБЛИКА КЫЯЛЫ ЖАНА КАПЧЫГЫ КАЛЫҢ ТАЛАПКЕРЛЕР

Депутаттыкка талапкерлердин көбү жарды адамдарга жардам көрсөтүп, кандай да болсо депутаттыкка жетүү аракети көрүлүп жатканын көпчүлүк басылмалар жазып чыгышты. Кокус парламентке президент А.Акаевдин тарапкерлери көбүрөөк шайланса Кыргызстан парламенттик республика болуп өзгөрүп кетиши деле ыктымал.

Апта соңундагы «Агым» гезити И.Рысалиевдин «О, Орусия энем, кыйын кезеңде бизди колдо!» деген макаласы макаласын жарыялады. Автордун пикири боюнча, президент А.Акаевди бийликтен кетирбөө керек. Антишке каршы боло турган калктын активдүү бөлүгү, 400 миң ашуун жаштар чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт.

Эгер жаңы парламентке президент А.Акаевди колдогон депутаттар арбын келсе Конституцияны өзгөртүп коюу кыйын деле эмес. Өзгөртүлгөн Башмыйзамга ылайык А.Акаев дагы узак мөөнөт өлкөнү башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот же өкмөттү жетектеп калат. Кыргызстан парламенттик республикага айланышы керек дейт И.Рысалиев. Себеп дегенде, президентке чексиз укуктар берилген.

И.Рысалиев жазганга караганда, Африка менен Азиянын кичинекей өлкөлөрүндө президенттик бийликке жеткен чоң өкүмдарлар өсүп чыгышкан. А.Акаевден кийин кандай киши президент болорун болжош кыйын. Ошондуктан эмитен эсти жыйып парламенттик республикага өткөндөн оң иш жок. Анын үстүнө Орусия 2008-жылдан парламенттик республикага өтүү камылгасын көрүүдө.

«Эл А.Акаевге канча жыл ишенсе ошончо ирет аны президент кылып шайлай бериши керек» дейт И.Рысалиев.

Президенттик акимчиликтин жетекчи орунбасары А.Жекшенкулов ушул эле гезитте жарыяланган маегинде Кыргызстанга чет эл инвестициясынын арбын келбей жатышынын себеп-жөнүнө токтолгон. “Географиялык абалыбыздын ыңгайсыздыгы, коммуникациялык инфраструктуранын өнүкпөгөнү, коррупция, кошуна өлкөлөр менен келишимдик-укуктук базанын аздыгы бул ишке кедергисин тийгизүүдө” дейт А.Жекшенкулов.

Шайлоо алдындагы үгүт маалында айрым талапкерлердин атаандашын жөнү жок караламайы көп учурап жатканын белгилейт жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде журналист Эмилбек Момунов. Автордун ырасташынча, «эл тигил же бул көйгөйүңөрдү чечип берем деген жана көмүр, ун, акча сыяктуу күнүмдүк көр оокат тараткандарга басым жасоодо».

Мына ушул темага жума күнкү «Кыргыз руху» гезити да кайрылган. Мирлан Дүйшөнбаев «Депутат болсоң жашайсың…» деген макаласында депутаттыкка талапкерлердин арасында тек акчасын чачып, шайлангандан кийин эмне иш жасарын жакшы түшүнбөгөн талапкерлер деле көп экенине токтолот.

Автордун пикиринде «Бизде депутаттык мандат элге, мыйзамдуулукка кызмат кылуу эмес, бизнестин бир түрү катары гана каралат окшойт». М. Дүйшөнбаев капчыктуулар парламентке арбын келсе Жогорку кеңеш ишкерлердин клубуна айланып калат деп эсептейт.

Ушул эле гезитте Кален Сыдыкова: «Илгертеден эле бай-манаптардын балдары укум-тукумуна чейин эл бийлеп келген. Азыр деле жардыдан, жумушчудан депутаттыкка койгон кимди көрдүңүз? Ырымга бирөөнүн атай аласызбы?» деп суроо коет.

«Бирок, дагы эле күнүмдүк зарылдыктан чыга албай, беш жылдык тагдырыбызды бир кап көмүр, шекерге сатканы турабыз», деген пикирин ортого жаят Жазгүл Масалиева ушул эле гезиттеги макаласында.

Шайлоо темасы жума күнкү «МСН» гезитинде да козголууда. Журналист Г.Кузьмин «Кансарайдай үйдүн шыбынан тамчы тамат» макаласында чындыкка коошпогон сөздүн чоо-жайына токтолот.

Президент А.Акаевдин оптимизмин экономикалык жагдай, статистикалык сандар, фактылар ырастабастыгы Вячеслав Тимирбаевдин «Бийлик логикасы менен турмуш ырааты» деген макаласында баяндалган.

«Оптимизм жигери өнүгүү энергиясына» иштеп жатканын бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде Б.Васильев жазып чыкты.

Парламент шайлоого талапкерлер болжол менен 250 миллион доллар акча сарпташаарын маалымдайт бейшембидеги «Трибуна» гезити. 1995-жылы президент А.Акаев: «Бергенин ала бергиле, көңүлүңөргө жаккканына добуш бересиңер» деп өзү айткан. Аны уккан оппозиция «элден уурдап алынган акчаны аянбай ала бергиле» деген чакырыгын таштоодо.

ХАКАСИЯ: КЫРГЫЗ ИЗДЕРИ

Хакасия жөнүндө кыргыз журтчулугунда көп сөз жүргөнү менен ал өлкөнүн тарыхый географиялык шарты туурасында маалымат аз. Азыркы Хакасиянын аймагында бир убакта кыргыздар жашап, кубаттуу мамлекет кургандыктан ал туурасында азыноолак маалымат коомчулук үчүн кызыктуу болоор.

Хакасия Россия Федерациясынын Сибир бөлүгүндө орун алган. Анын территориясы 62 миң чарчы чакырым туруп, мында 590 миң чамалуу эл жашайт. Хакасиянын жер аймагы Швейцария, Дания, Голландияны чогуу алганда бир жарым эсеге, Бельгиядан эки эсеге чоң.

Өлкөнүн түндүк тарабында Кемеров областы, түштүк жана түштүк-чыгыш багытында Тоолуу Алтай жана Тува Республикасы менен чектешет.

Түштүк Сибирдин табияты туурасында тарыхчы Бектемир Жумабаевдин пикирин тыңдап көрсөк:

- 90-жылдардын акырында Хакасия жерине барып калганга туура келди. Чындыгында кыргыздар бекер жерден байырлабаса керек деп ойлоп калдым. Ушунчалык кооздугу менен айырмаланган жер экен. Ал жерде көбүнчө жерлердин аты кыргыздар менен байланышкан. Мисалы, кыргыз кеткен холл, кыргыз узанган чыр, кыргыз сөөктөрү деген этнотопонимиканы көп кезиктирдим.

V к. орто ченинде Түштүк Сибир аймагына кыргыздар көчүп келишип, Энесай өрөөнүндө кубаттуу мамлекет курушкан. IX кылымдын ортолорунда кыргыздардын бир жарымы Алатоону карай көчүшүп, калган бөлүгү Энесай жээгинде калышкан.

Энесайдагы кыргыздар XVIII кылымдын баш ченине чейин аларды жунгарлар мындан күчтөп көчүргөнгө чейин жашашкан. Энесай өрөөнүн кыргыздар бошотушкандан кийин Россия империясы Абаканга чеп курушуп, 1707-жылы Минусинск өрөөнүн толук басып алышат.

Орус падышачылыгы мында Енисей губерниясын түзүшүп, аймакты – Минусинск жана Ачинск деп эки уездге бөлүшкөн.

Октябрь революциясынан соң Түштүк Сибир аймагында жашаган түрк тилдүү калк энчилүү аталышты табууга далалат жасашып, орто кылымдагы кытай жазма булактарында кездешкен кыргыз этнониминин бир түрү эсептелинген «хягас» терминин өздүк ат катары кабыл алышкан.

Түштүк Сибирдеги түрк уруулардын «хакас» аталышынын кабыл алышына улуттук наркты табуу себеп болгон. Буга чейин орус колониялык бийлигин башынан кечиришип, аны менен кошул-ташыл «тексиз калк» аталган эл бир заматта «тарыхын таап», ал түгүл жаңылыш болсо да «Хакас» мамлекетине ээ болушу эзилген элди моралдык жактан да көтөрмөлөгөн болчу.

Хакасия географиялык жактан тоолуу өлкө деп эсептелинет. Анын ортосунан Энесай дарыясы агып, өрөөндүн түндүк тарабынан башкасын тоолор курчап турат. Хакасиянын дагы бир айырмачылыгы мында кездешкен жер, суу аттары Кыргызстанда да кадыресе учуругандыгында. Мисалы, Кыргызстандагы Алатоо аталышы Хакасияда да кездешет.

Кыргыздардын Түштүк Сибирде жашагандыгынын дагы бир белгиси -андагы тарыхый эстеликтер. Бүгүнкү күндө белгилүү болгон археологиялык жана петроглифтик эстеликтердин саны 30 миңден ашат. Алардын басымдуу бөлүгү орто кылымдагы кыргыз маданиятына тиешелүү, андыктан аталыштары да азыркы кыргыз элинин маданият мурасына табигый жуурулушуп кетет.

«ВЕЧЕРНИЙ БИШКЕК» «МСНден» 7млн. СОМ СУРАДЫ

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту көз карандысыз «МСН» гезитине байланышкан ишти 16-февралда карай баштады. Буга жабык типтеги «Вечерний Бишкек» акционердик коомунун (АОЗТ) жана «Вечерний Бишкек» гезитинин жетекчилеринин доо арыздары негиз берди.

«МСН» гезитине байланышкан доо арызды жабык типтеги «Вечерний Бишкек» акционердик коомунун директорунун милдетин аткаруучу Татьяна Шарова менен «Вечерний Бишкек» гезитинин баш редактору Ольга Безбородова берип, моралдык чыгым үчүн жалпысынан гезиттен жана эки кабарчыдан 7 миллион 350 миң сом сурады.

Даттануучу тараптын өкүлү Бакыт Курмановдун сотто белгилегенине караганда, арыздын жазылышына «МСН» гезитинде 2004-жылдын октябрь, декабрь айларында жарыяланган беш макала себепчи болду:

- «МСН» өткөн жылдын акыркы айларында бир катар макалаларды жарыялоо менен, «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн кызматтык беделине доо кетирди. Ошондуктан, басма үйү жарандык-укуктук тартипте өзүнүн ишкер беделин коргоону чечти.

Сот жараянында судья Мира Булатова эки арызды тең толук окуп берди. Арызда макалалардагы фактыларды негизсиз катары жокко чыгаруу суралган. Маселен, арызда келтирилген дооматтардын биринде мындай деп айтылат:

"2004-жылдын 8-октябрындагы «Раздался голос из помойки: Голосуйте за «Алгу!» («Таштандыдагы үн «Алга!» үчүн добуш берүүгө чакырды») аттуу макаладагы төмөнкү маанидеги үч сүйлөм чындыкка дал келбейт деп табылсын: «Анткен менен «Вечерка» азыр бюджетке берип жаткан салыктан бу жалганда карыларга эч нерсе тийбейт», «Белгилүү фактыларды дагы бир ирет эскертип коюу жөндүү. Вечерний Бишкекти» Адил Тойгонбаев жана анын жубайы Бермет Акаева – «Алга, Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүлөрү көзөмөлдөй электе казынага бир жарым миллиондон эки миллион сомго чейин салык түшүп турчу"

Арыздагы бул дооматтын салыкка байланышкан өңүтүн сотто «МСНдин» адвокаты Сергей Воронцов эске алып, аны Александар Кимдин «Вечерний Бишкекте» башкы редактор болуп турган учуру менен байланыштырды.

Ал эми «МСН» гезитинин жетекчилиги «Вечерний Бишкектин» доосуна макул эмес:

- «Вечерний Бишкектин» жетекчилиги президенттин күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин гезитке көзөмөлдүк кылаары тууралуу фактыны талашка коюп атат. Бирок, бул жалпыга белгилүү факт. Бул тууралуу баары айтып атышат. Депутттар да, Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов да, анан эмне үчүн бул маселени «Вечерний Бишкек» акционердик коомунун директору талашка салып атат, бизге түшүнүксүз,- деди «МСН» гезитинин башкы редактору Александр Ким.

Соттун жүрүшүндө адвокат Сергей Воронцов, башкы редактору Александр Ким, доо коюлуп жаткан макалалардын авторлору Рина Приживойт жана Лариса Ли экинчи тараптан башкы редактор Ольга Безбородованын, мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун, Казакстандын жараны Адил Тойгонбаевдин, акционердик коомдун мүчөлөрүнүн сот отурумуна катышуусун жана Акционердик коомдун уставын алып келүүнү камсыздоону суранышты. Сот бир аптадан кийин уланмай болду.

Бирок, «МСНдин» өкүлдөрү соттук териштирүүлөрдү бийликтин кезектеги кысым көрсөтүүсү катары баалашат:

- Албетте кысым, болгондо да саясий кысым болуп атат. Биз бул тууралуу үч жарым жылдан бери жазып келатабыз.

Александр Кимдин мындай пикирине ушул эле күнү кечке жуук башталган "МСН" гезитине каршы башталган дагы бир сот отуруму да негиз берип жатат. Бул соттук териштирүүгө аталган гезитте «Кыргызгаз» ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу жазылган макала негиз берген.

Белгилеп койчу жагдай, ушул эле журналисттик топ башкарган «Моя столица- Новости» гезити өткөн жылдары соттук териштирүүлөргө тушугуп, мындай кырдаал гезиттин жаңы ат менен чыгышын шарттаган.

РАМАЗАН ДЫРЫЛДАЕВ: «АСКАР АКАЕВДИН БИЙЛИКТЕН КЕТИШИНЕ ДҮЙНӨ КООМЧУЛУГУ КЫЗЫКДАР».

Бакыт Аманбаев, Бишкек Кадырлуу угармандар, чет өлкөдө жашаган кыргызстандык укук коргоочунун өлкөдөгү шайлоо өнөктүгүнө карата пикири менен тааныштыра кетелик. Чет өлкөдө жашаган укук коргоочу Рамазан Дырылдаев менен телефон аркылуу уюштурулган маекке назарыңыздарды бурабыз.

- Рамазан мырза, учурда Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү жүрүп жатат. Өлкөдөгү парламенттик шайлоо өнөктүгүнө чет өлкөдөгү Кыргызстандын атуулу катары пикириңиз. Шайлоо өнөктүгүнүн кандай өтүп жаткандыгы жана талапкерлерди каттоо жараяны тууралуу чет өлкөлөрдөгү укук коргоочу уюмдар кабардарбы? Алардын көз карашы кандай?

-Өзүңөргө маалым болгондой, дүйнөдөгү кадыр барктуу «Хьюман райтс воч» уюму жакында өлкөдөгү шайлоо өнөктүгү тууралуу мамлекет башчы Аскар Акаевге кайрылуу жолдоду. Он үч барактан турган бул маалыматта шайлоо өнөктүгү мезгилинде аткаруу бийлиги тарабынан кандай мыйзам бузуулар орун алгандыгы толук жазылган. Анда элчилердин шайлоого катыштырылбай калышы, аткаруу бийлигинин жарандардын тынч чогулуп, жыйын, митинг өткөрүүсүнө ар тараптуу тоскоол кылышы, митинге чыгышкан оппозиция өкүлдөрүн соттошу, бийликтен башкача ой жүгүрткөн укук коргоочу, саясатчыларды, массалык маалымат каражаттарына көрсөтүлгөн кысым тууралуу айтылып, бийликтин мындай аракетине баа берилген. Ошондой эле эл аралык уюм Аскар Акаевден мындай кетирген кемчиликтерин тез аранын ичинде оңдоону талап кылган. Аскар Акаев өлкөнү башкарган мезгилде кыргыз эли күндөн күнгө жакырланып, анын өзүнүн үй-бүлөө мүчөлөрү гана элдин байлыгынын эсебинен байып жатат. Ошол эле мезгилде миңдеген кыргызстандык атуулдар жумуш издеп, башка өлкөлөрдө кор болуп жүрүшөт. Муну эл аралык уюмдар да туура баамдап, Кыргызстандагы шайлоого кылдат көз салып турушат. Эл аралык коомчулук Аскар Акаевден «качан бийликтен кетесиң, кетээриң чынбы» деп сурап жатышат. Мына, америкалык делегация Кыргызстанга тынбай келип, Аскаевден ушинтип сурап жатат.

-Рамазан мырза, кабарыңыз бардыр?! Бир нече ай мурда Кыргызстанда «Элим менен, элим үчүн» деген коомдук фонд түзүлгөн. Фонддун мүчөлөрү Аскар Акаевди дагы бийликте калтыруу демилгеси менен 15-февралда 150 миң адамдын колун топтоп койгондугун кабарлашып, май айына чейин 300 миң адамдын колун топтоп бүтөбүз деп жарыялашты. Алар кол топтоп эле тим болушабы же аткаруу бийлиги президенттик шайлоого чейин мына ушуга таянып, өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөртүү максатында референдумга барышы ыктымалбы?

-Аскар Акаев Баш мыйзамды дагы өзгөртүп, келечекте да бийликте калууну көздөөдө. Ошон үчүн ал парламентке өзүнүн үй-бүлөө мүчөлөрүн өткөрүп, парламенттик башкаруу ыкмасына өтүүнү көздөөдө. Ал эми жакында 100 миң адам кол топтоп Осмонакун Ибираимовго тапшырбадыбы. Мына ошонун баары элдин демилгеси менен эмес, президенттик админстрация жашыруун уюштуруп жатат. Ал келечекте референдумга барат да, АКШ жана башка батыш өлкөлөрүнө, эл аралык уюмдарга “муну эл кылды, мен өзүм кетейин деп жаттым эле” деп айтат. Ошондуктан Аскар Акаевдин кете турган ою жок. Болбосо мындай аракеттерди токтоткула деп айтпайт беле.

-Рамазан мырза, мына чет өлкөдө жүрөсүз. Ал жакта башка өлкөлөрдүн оппозиция өкүлдөрү менен жолугушуп, баарлашсаңыз да керек. Ушул өңүттөн алганда кыргыз оппозициясынын аракетине кандай баа бересиз. Оппозиция элдин үмүтүн актап кете алабы?

- Биздин эл соңку он жылдан бери «кимиңер даярсыңар, кимиңер баштайсыңар деп сурап, аны колдойбуз деп жүрөт. Тилекке каршы, оппозициянын арасында айрым өкүлдөр чечүүчү мезгилге келгенде Аскар Акаевге алданып, элдин мындай мүдөөсүн ишке ашырбай жүрөт. Ошондуктан соңку мезгилде Бакиев, Отунбаева баштаган саясий кыймылдардын биригүүсү абдан жакшы жөрөлгө. Ошол форумдун максаты - мыйзамдуу түрдө бийликти кетириш. Бул маселе боюнча эл да, оппозиция да бир ойдо. Ал максатка жетиш үчүн элдин башында «мен президент болом» деп бирөө туруш керек. Эгерде оппозиция биримдик болуп, тикеден тике турса, эл аларды колдойт. Ошол эле мезгилде жаңы келген бийлик «мени да кууп жиберет» деп таза иштейт. Ушундан пайдаланып, Аскар Акаевдин режиминен кутулуш керек.

“ООЗУ КҮЙГӨН” ОРУСИЯ ЖАНА КРЕМЛГЕ ЫКТАГАН КЫРГЫЗСТАН

Айданбек Акмат уулу, Бишкеk Кыргызстандагы шайлоолор Батыш менен Орусиянын бул чөлкөмдөгү кызыкчылыктарын, карама-каршылыктарын дагы бир ирет ачыкка чыгарды. Кыргыз бийлиги бул ирет колдоону бир гана Москвадан алаарын туюп, Кремлге ого бетер ыктоодо. Бирок, Москва Украина жана Абхазиядан кийин КМШ аймагында бир аз башкачараак аракеттене баштады.

Кыргызстан совет доорунда бир гана Москвадан толук көз каранды болсо, эгемендүүлүк алгандан бери ага экинчи жактан - Батыштан көз карандылык кошулду дешет байкоочулар. Батыштын каржылык, гуманитардык жардамдары аркылуу өлкөнүн финансылык системасы кармалып турат.

Соңку мезгилде Кыргызстандын Москвадан көз карандылыгы күчөдү. Бул биринчи кезекте, жүз миңдеген кыргыз эмгек мигранттарынын Орусияда жан багып жүрүшү менен шартталды. Мына ушул себептерге байланыштуу Кыргызстандын ырасмий бийлиги эки тарапка кылчактаган саясат жүргүзүүдө.

Кыргызстанда атуулдук коомдун активисттери Батышты демократиянын, мыйзамдуулуктун символу катары кабылдаса, Москваны тескерисинче, коррупцияланган режимдин бирден-бир таянычы катары кабылдоодо.

“Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдуразаков Батыштын максаты тууралуу мындай пикирин билдирди:

- Батыш Борбордук Азияда демократиялык жаңы өзгөрүштөр болушун каалайт. Алар ушундай өзгөрүү болуп кетсе деген каалоосун ачык эле көрсөтүшүүдө. Тескерисинче, Москва мына ушундай каалоону көрсөткөн же билдирген жери жок.

Орусиянын өзүндө демократия жана адам укуктарын камсыздоодо маселелер арбын деген “Агым” гезитинин башкы редакторунун орун басары Мамат Сабыров буларга токтолду:

- Орусиянын бизден айырмасы кайсы?! Биз сыяктуу эле да. Баарыбыз советтик системанын продуктысыбыз. Демократия, укуктук мамлекет курууда алардын бизден айырмасы деле жок.

Анын айтымында, мына ошондуктан Орусия бизге үлгү боло албай турат. Ал эми Орусияда мына ушундай маселелер бардыгын ырастаган көз карандысыз журналист Султан Жумагулов орус бийлиги авторитаризм менен ооруп атат деген ойдо:

- Орусиянын өзү авторитаризм менен аксап атпайбы. Анын өзүндө демократиялык жараяндар токтоп калбадыбы. Өздөрү авторитаризм менен ооруп жаткандан кийин, демек, ал КМШнын башка өлкөлөрүндөгү авторитардык режимдер менен коюн-колтук алышып турат. Маселен, Путин үчүн Кыргызстанда азыркы бийликтин сакталып турганы керек.

Султан Жумагуловдун пикиринде, Украина жана Абхазиядагы шайлоодон кийин орус саясатында өзгөрүү байкалды:

- Кыргыз оппозициясынын лидерлерин жогорку деңгээлде, анын ичинде Кремлде кабыл алынышы Орусиянын реалдуулук менен эсептеше баштаганынан кабар берет. Украинадан алар оозун күйгүзүп алышты да.

“БЕТМЕ- БЕТ”: 14 ЖЫЛДА КИРДЕГЕН ӨЛКӨНҮ ТАЗАРТУУ ҮЧҮН КАБЫЛ АЛЫНГАН ПРОГРАММАБЫ?

Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кадырлуу угармандар! «Таза Кыргызстан» программасынын кабыл алынганына 10 күн болду. Бул программа кыргыз коомчулугунда талаш тартышка түшүп жаткан учуру. Ошондуктан «Азаттык» радиосу ушул маселенин тегерегинде кайчы пикирдеги адистердин, саясатчылардын катышуусунда талкуусун уланта бермекчи. Бүгүнкү «Бетме-бет» берүүсү да ушул темага арналган. Анда микрофон талкууну жүргүзгөн кабарчыбыз Кыяс Молдокасымовдо.

РЕФЕРЕНДУМДАН РЕФЕРЕНДУМГА ЧЕЙИНКИ «СТУДЕНТ», ТРАЙБАЛИЗМ ЖАНА «ҮЙБҮЛӨӨ» ТЕРМИНИ

Шайлоо алдында мамлекет башчынын жүргүзгөн саясаты туурасында макала «МСН» гезитинде жарыяланды. Кыргызстанда мамлекеттик тил маселеси жөнүндө макала «Заман Кыргызстан» гезитинде кеңири чагылдырылат. Экс-элчи Роза Отунбаеванын өлкөнүн экономикалык жагдайына берген баасы менен окурмандар «Общественный рейтинг» гезитинде кеңири тааныша алат.

16-февралда жарыкка чыккан «МСН» гезитинде мамлекет башчы Аскар Акаевдин шайлоо алдында жасап жаткан иш- аракеттери тууралуу макала орун алды.

Макаланын автору Вячеслав Темирбаев “Аскар Акаев студент сыяктуу референдумдан референдумга чейин гана камсанабай жашайт, студент сессияга 2-3 жума калганда гана кыймылдап, бир нерсе окуй баштайт эмеспи , ошол сяктуу эле биздин мамлекет башчы да шайлоого 2-3 ай калганда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп жатат” деп жазды.

Макалада мамлекет башчынын ар бир облуска барып, эл менен жолугушуп, курултай да өткөрүп жибергени, оңго-солго ар кандай грамоталарды, стипендияларды таратканынын себеби шайлоо экени айтылат.

Гезиттин ушул эле санында «Кыргыз демократиясына трайбализм аркылуу» деген макала орун алды. Анда трайбализм менен демократиянын ортосундагы байланыш тууралуу сөз болду. Автордун айтымында , кыргыздарда оң канат, сол канат деген түшүнүк бар. Кыргызстанда “Жогорку Кеңешке да ушул тартип боюнча өтүш керек, ошондо гана өлкөдө демократиянын универсалдуу модели болот” деген окурмандын көз карашы чагылдырылды.

«МСН» басылмасы президент тууралуу кеңири макала жарыяласа, интернет маалымат каражатында Муратбек Иманалиев тууралуу макала орун алды. Анда макаланын автору саясат таануучу Атай Макенов Муратбек Иманалиевдин авторлугунда «Аки пресс» журналында жарыяланган маклаларына , саясатта жасаган иш аркеттерине кеңири токтолду.

«2000-жылы президенттик шайлоодо Аскар Акаевге добуш бергениме өкүнөм, азыр бизидин күнүмдүк турмушубузда «үйбүлөө» деген термин кирип калды» деп жазат автор. Автор макалада кыргыз -өзбек чек арасы тууралуу, бул маселени чечүүдө , жалпы эле чоң саясатта экс-министр Муратбек Иманалиевдин ээлеген ролу тууралуу сөз кылды.

«Заман Кыргызстан» гезити 18-февралда чыгуучу санына мамлекеттик тилдин айланасындагы маселелерди көтөргөн материалга орун берүүдө. Учурда мамлекеттик тилди үйрөнүү тегерегинде бир топ суроолор көтөрүлүп келет.

«Ушул күнгө чейин 300дөн ашуун кыргыз кыргыз тилин үйрөнгөндөргө сертификат тапшырдык. Алардын ичинде көбүнчө чет элдиктер, орус тилинде сүйлөгөндөр болсо, тилекке каршы, 50 пайызы кыргыз улутундагылар» деген пикирин Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Ташпоо Жумагулов гезитке билдирди.

17-февралда чыккан «Общественный рейтинг» басылмасында «Ата- Журт» кыймылынын лидери Роза Отунбаева менен маек орун алды. Экс-элчи Роза Отунбаева өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө кеңири токтолду. Экс-элчинин пикири боюнча, республикада үй бүлөөлүк-олигархиялык капитал кожоюндук кылып турганга чейин, чет жактан келе турган туруктуу инвестиция жөнүндө ойлобой эле койсо болот. Оруссиянын миллиарддык долбоорлорунун ишке ашышын бийлик алмашкандан кийин гана күтүүгө болот.

«Общественный рейтинг» гезитинин ушул эле санында саясат таануучу Сыргак Абдылдаевдин Борбор Азия регионундагы аскерий-саясий коопсуздук маселесине арналган макала жарык көрдү.

ТИКМЕЧИЛЕР КАЗАКСТАНГА КАЧУУДА

Сапар Орозбаков, Бишкек 1990-жылдардын экинчи жарымында өлкөдө кийим тиккен чакан цехтер ачылган болчу. Алардын көптүгүнөн Кыргызстан «тигүүчүлөрдүн өлкөсү» деген атка конгон. Азыр ошол цехтер Казакстанга жана Орусияга кете баштады деген кооптуу кабар айтыла баштады.

Мындай кабарды алгач өткөн жылдын аягында Экономика өнүгүү министри Амангелди Муралиев жарыя кылган болчу:

- Тигүү өндүрүшүнүн продукцияны сатып өткөрүүгө жана иштөөгө жагымдуу шарт түзүлгөн Казакстанга акырындап кете башташы кооптондурат. Ал жерде кошулган нарк 16%. Патенттин наркы да төмөн

Биз маалыматты кийим тиккен цехтердин жетекчилеринин өздөрүнөн тактап көрсөк, алар иш чынында кыйындай баштаганын ырасташты. Бирок алар мунун себебин бир аз башкачараак түшүдүрүштү. Алардын айтымында, Орусия жана Казакстан, өздөрүнүн кийим тиккен фабрикаларын коргоо максатында, айрым чектөөлөрдү киргизишти:

-Чек арада проблемалар башталганын биз баарыбыз сезип жатабыз. Мурда соода бөлүмдөрүндө проблемалар болбой, майда ишкерлер товарды «карго» деп аталган транспорт системасы аркылуу жеңил жөнөтө алса, азыр бажыканалар кайсы компания өндүргөнүн же кайсы компания Орусияга алып келгенин, ким жооп берерин талап кылышып жатышат –деди Текстилчилер ассоциациясынын президенти Эльза Ким.

Ушул эле ассоциациянын аткаруучу директору Гулбахор Фохттун айтымында, мурда кийим тиккен цехтердин продукциясын алып кетип жаткан челнокчулар салыктан качышып, аны чек арадан мыйзамсыз жолдор менен алып өтүшчү. Азыр болсо Казакстандын жана Орусиянын бажыканалары аларды мыйзам боюнча өткөрүп, челноктор мурдагыдай көп келбей калышты:

-Пайдалуу болбой калды. Анткени бажыканадан чыгарганда кошулган наркка салыкты дароо төлөөгө туура келет. Бизде 20%, Орусияда 18%.– дейт Гулбахор Фохт.

Тикмечилердин айтымында, 1990-жылдары Кыргызстанда ишканалар токтоп калгандан кийин челнокчулар өлкөдө жетишпеген товарларды Кытайдан, Түркиядан жана башка өлкөлөрдөн ташып келе башташкан. Алардын айрымдары кийин кийим тиккен цехтерди түздөн түз эле өлкөдө ачууга өтүшкөн.

Кыргызстанда жумушчу күчү арзан болгондуктан, практика ишкерликтин бул түрү пайдалуу экендигин көрсөткөн. Ал каражатты анчалык деле көп талап кылбагандыктан, андай цехтерди челнокко тиешеси жок башка адамдар да уюштурушуп, Бишкекте жана өлкөнүн башка жерлеринде андай цехтер жайнап кеткен.

Алар каттодон өтпөгөндүктөн, өтсө да салыкты толук төлөбөгөндүктөн, алардын саны канча, алар канча кийим тигип чыгарат эч ким так билбейт экен. Бирок Кыргызстан «тикмечилердин өлкөсү» деген атка конгонун айтышат. Эгерде бул цехтер жабылса, миңдеген адамдар жумушсуз калаары айтпаса да түшүнүктүү.

Азыр өкмөт да, текстилчилердин ассоциациясы да бул багытта иш жүргүзүп жатышат. Амангелди Муралиевдин айтымында, министрлик тигүү өнөр жайын андан ары өнүктүрүү боюнча атайын программа иштеп чыкты. Ал эми ассоциация болсо цехтер менен иштешүүдө:

-Биз бажыкана менен жолугушууларды уюштурууга жардам берип жатабыз. Ал жерде биздин компаниялар продукцияны экспорттоонун жана импорттоонун мыйзамды бузбай турган пайдалуу режимин кантип тапса болот тургандыгы жөнүндө кеңеш алышы зарыл –деди Гулбахор Фохт.

МАЙЛУСУУДАГЫ КҮТКӨН ИШТЕР ЭМИ БАШТАЛАТ

Дүйнөлүк банкт Майлусуудагы уран калдыктары сакталган жайларды калыбына келтирүү долбоорун ишке ашырууга 11 миллион ашуун доллар акча бөлүүдө. Долбоордун смета-техникалык документин түзүүгө кыргыз өкмөтү тендер жарыялады.

Кыргызстанда уран жана уулуу зат калдыктары сакталган жайларды калыбына келтирүү аракети кийинки жылдары кыйла жанданды. Фергана өрөөнүн коркунучка кептеген Майлусуудагы уран калдыктары сакталган жайларды коркунучсуз абалга келтирүү иштерине киришүү быйыл жаздан тарта башталганы турат.

Төрт жылга эсептелген долбоор 2009-жылы аягына чыгышы керек. Бирок да кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаев бул өтөле узак убакыт деп эсептейт:

- 2009-жыл. Бул оголе узак убакыт болуп жатат. Бизге азыркысы маанилүү. Себеп дегенде, ар күнү, силерди билбейм, мен ал жактан телефон чалынса же компьютерди карай калганда дагы эмне болуп кетти экен деп кооптонуп турасың. Айрыкча, Майлуусу шаары жайгашкан жер чочулатат.

Майлусуу шаарын курчаган тоо ичиндеги 23 уран калдыктары сакталган жайларды бекемдөө, дөбө болуп үйүлгөн уулуу зат калдыктарын башка жерге ташып барып көмүү иштери быйыл башталмакчы.

Кыргызстандын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиевдин ырасташынча, зыянсыздандыруунун техникалык маселелери негизинен чечилди.

- Бизде 35 калдыктар сакталган жай, 25 уулуу зат калдыктары үйүлгөн дөбөлөр бар. Алардын ичинен 5 тоо дөбөдө, 30 калдык жайда радиоактивдүү заттардын калдыктары сакталат. Анын үстүнө бу калдык жайлар жайгашкан жерлерде кырсык болсо анын зыянын жалгыз Кыргызстан эмес, жанындагы коңшу өлкөлөр да тартат, - дейт министр Акматалиев.

Министрдин маалымдашынча, өткөн жылдан бери даярдык аракеттери көрүлүп келген Майлусуу уран калдыктарын сактоочу жайларды бекемдөө иштери эми башталмакчы:

- Кыйлага созулган макулдашуулардан соң биз баштагы долбоорго деп бөлүнчү 5 миллион доллар бюджетти өкмөттүн 1,8 миллион доллары менен кошо 11 миллион 700 миң долларга жеткирдик. Мунун баары Майлусууга жумшалат. Өткөн жылы долбоорду ишке ашыруучу атайын бөлүм ачылган. Буга чейин техникалык маселелер чечилди, эми техника-сметалык документтерге тендер жарыяланууда. Үч компоненттен турган долбоор 2009-жылга чейин ишке ашырылат. Бул ишке жол ачылды,- деп билдирди Темирбек Акматалиев.

12 миллион долларга жете бербеген акчанын 900 миңдейи четтен келген кеңешчилерге, адистерге төлөнүп берилмекчи. Кыргызстандык адистер, айрыкча курулушчулар Майлусуудагы уран калдыктары сакталган жайларды бекемдөө иштерине катышат.

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Уран жана уулуу зат калдыктарына байкоо жүргүзүү, калыбына келтирүү башкармалыгынын жетекчиси Анаркул Айталиевдин ырасташынча, техника-сметалык документтер даярдалгандан кийин курулуш иштери август-сентябрь айларында башталмакчы.

Өзгөчө кылдаттыкты талап кылган атайын жумуштарга Карабалта тоо-кен комбинатынын, Улуттук илимдер академиясынын, министрликтин өзүнүн адистери тартылат. Атайын даярдыкты талап кылчу кандай иштер жасаларын Анаркул Айталиевдин өзүнөн уксак:

- Уран калдыктары сакталган жайлардын баары тоолуу жерлерде. Ошондуктан тоодон агып түшкөн суулар ага аралашпастан айланып өтүшү үчүн атайын каналдарды курушубуз керек. Анан да ал жерлердин баары тосмолонгон эмес. Коркунучтуу жерлерди коргогон тосмолорду курабыз. Уран калдыктары сакталган жерлердин темир-бетон тосмолору бар. Аларды бекемдеш зарыл.

КЫРГЫЗСТАН ДҮЙНӨЛҮК ХОККЕЙ ФЕДЕРАЦИЯСЫНА МҮЧӨ БОЛДУ

Шайба менен ойнолчу хоккейдин мекени Канада болсо, топ менен хоккей ойноо 19- кылымдын ортосунда Улуу Британияда пайда болгон. Жакында эле Кыргызстан дүйнөлүк топ хоккейи федерациясына мүчөлүккө кабыл алынды. Ал эми 5 жылдан бери Чаек айылында хоккей боюнча мелдеш өткөрүү салтка айланып баратат.

Монераль университетинин студенттери топ менен ойнолчу хоккейдин эрежесин, тартибин 1886- жылы иштеп чыгышкан. 20- кылымдын башында хоккейдин бул түрү Европа өлкөлөрүнө тарап, жаңы саамалык катары колдоого алынган.

1908- жылы хоккейдин Эл аралык Лигасы түзүлгөн. Союз убагында бул оюн боюнча 4 мамлекет: СССР, Швеция, Финнляндия жана Норвегия таасирдүү эле. Кийин ага АКШ баш болгон Канада, Голландия, Венгрия, Эстония жана башка өлкөлөр кошулду. Казакстанда бул топ хоккейи совет доорунда өөрчүп, Алматынын «Динамо» командасы байгелүү орундарга жеткен.

Топ хоккейи боюнча СССРдин биринчи чемпионаты 1946- жылы өткөрүлгөн. Ал эми 1957- жылдан бери дүйнөлүк биринчилик өткөрүлүп келет. Бул топ хоккейи эл аралык аренада орус хоккейи катары таанылып, таасири артып баратат. Кыргызстанда ушул хоккей оюну 1970-80- жылдары кеңири кулач жайган. Өлкөнүн биринчилиги Каракол, Миңкуш, Бишкек шаарларында өткөрүлүп турган.

Жакында эле Татарстандын борбору Казан шаарында топ менен хоккей ойноо боюнча дүйнөнүн 25- чемпионаты аяктады. Финалдык беттешүүдө Орусия менен Швеция тандалма командалары күч сынашып, 5:2 эсебинде шведдер утуп алышты. Орустар бул оюнда 16 ирет дүйнөнүн чемпиону болгон. Бирок 2002- жылдан бери Швеция командасына жеңилип келүүдө.

Казанда өткөн чемпионаттын жүрүшүндө Дүйнөлүк топ хоккейи федерациясына жаңы мамлекеттер дагы мүчөлүккө кабыл алынды. Алардын катарында Кыргызстан да аталган федерацияга мүчө болду. Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин экс- президенти Эшим Кутманалиев Казан шаарына барып, Кыргызстанды дүйнөлүк хоккей федерациясына мүчө кылып, кызматташуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп кайтты.

Быйылкы дүйнө чемпионаты үч жолку юбилейлик маанай тартуулады. Биринчиден, бул топ хоккейи ырасмий таанылганына 50 жыл болот. Экинчиден, быйылкы чемпионат 25- жолу өткөрүлүшү. Үчүнчүдөн, бул жолку дүйнөлүк биринчилик өзүнүн миң жылдыгын белгилеп жаткан Казан шаарында өттү.

Кыргыз туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин спорт бөлүмүнүн башчысы Мамыт Акеров топ хоккейи тууралуу мындай деди:

- Биз менен катар Монголия өлкөсү мүчөлүккө кабыл алынды. Бизде топ хоккейи үчүн бардык шарт бар. Топ хоккейи биздин өлкөдө мурда эле бар болчу. Азыркы Акүй турган жерде шаардык стадион бар эле. Ошол стадиондо муз айдыңы тоңдурулуп,мелдеш өткөрчүбүз. Учурда Жумгалда турнир өткөрүлүп жүрөт. Биз бул оюнду колго алып, жайылтып, жакшы саамалыктарды колдоого алуубуз керек.

Кыргыз туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин жетектөөчү адиси Темир Дүйшекеев өлкөдө хоккейди өнүктүрүүгө шарт бар экенин белгилейт:

- Бул топ хоккейи үчүн жабык спорт сарайын куруп кереги жок, ачык талаа, муз аянты болсо болду. Ал түгүл Канаданын шайба хоккейинин оюнчулары дагы топ хоккейин ойноп жүрүшөт. Кыргызстанда Нарын, Ысыккөл, Талас облустарында бул топ хоккейин колго алууга жаштар өздөрү демилге көтөрүүдө. Конькини табууга болот. Орусиялыктар дагы жабдуулардан жардам беребиз дешүүдө.

11-12- февралда Жумгалдын Шортон муз аянтында Эркинбек Матыевдин жаркын элесине арналган шайба хоккейи мелдешинин финалдык оюндары өткөрүлдү. Мелдештин демилгечиси, башкы калысы Нурланбек Матыев бул оюнду Эл аралык деңгээлге жеткирүүгө болоорун белгилейт:

- Кыргызстандын жаратылыш шарты хоккей баштаган спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу. Каракол, Нарын шаарларында, айрым айылдарда хоккей оюну кайрадан жандана баштады. Эмне үчүн Азиянын кышкы оюндарына, эл аралык мелдештерге өлкөнүн тандалма командасын баштап барууга болбосун!? Азия өлкөлөрүнөн Кытай, Корея, Жапан, Казакстан мамлекеттеринде гана хоккей өнүккөн. Алар менен кыргыз жигиттери тең ата таймашка чыгып, чеберчилигин өстүрүүгө мезгил жетти.

Убагында Нарын облусу боюнча “мыкты хоккейчи” аталган учурдагы «Дордой- Динамо» футбол командасынын машыктыруучусу Мурат Дүйшөналиев мындай деди:

- Биз бала кезде «Алтын шайба» мелдештери өтүп турчу. Ал түгүл Орусияда өткөн биринчиликке дагы катышып келгенбиз. Бул топ хоккейин өнүктүрүү мезгил талабы. Былтыр Чаектеги мелдешке ардагерлердин командасын баштап барып, жаш кезди бир эскерип, жыргап калдык эле. Быйылкы мелдешке да Нарын шаарынын командасынын катарында ойнодум.

Орусиянын топ хоккей федерациясы Кыргызстандын демилгесин колдоп, жардам берүүгө убада кылышууда. Хоккейге керектүү буюмдардын бардыгын, кийимдерин бекер алуу үчүн өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин экс- президенти Эшим Кутманалиев макулдашып келди. Келечекте топ хоккейи кышкы олимпиадалык оюндардын курамына кирип калышы да ажеп эмес.

Эгерде топ хоккейи федерациясына 25 өлкө мүчө болсо, кышкы олимпиадалык оюндардын программасына кирет. Буга орустар абдан кызыкдар болушууда.

Чаекте 11- февралда өткөн профессор Эркинбек Матыевдин жаркын элесине арналган хоккей мелдешине Каракол шаарынын командасы каражат жоктугунан келбей калышты. Нарын шаарынын жана Жумгал районунун 7 командасы күч сынашты. 2002- жылы Нарын шаарынын, былтыр Чаектин “ Эркинфрам” командасы баш байгенин ээси болгон. Быйылкы мөрөй талашта нарындыктар кайрадан баш байгени ээлеп, “Эркинфарм” бу жолу үчүнчү орунга татыды.

РОЗА ОТУНБАЕВА: “БИЙЛИКТИН КОНСТИТУЦИЯЛЫК НЕГИЗДЕ АЛМАШУУСУН КААЛАЙБЫЗ.”

Өткөн аптада Орусияга иш сапар менен барып кайткан «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы, экс-министр жана дипломат Роза Отунбаева менен маектин экинчи бөлүгүн сунуштайбыз. Бул интервьюда оппозициячыл саясатчы Орусиядагы кыргыз диаспорасы, ыңкылап маселелери жана орус саясатчыларынын кыргыз оппозициясына мамилеси тууралуу суроолорго жооп берет.

- Роза айым, сиз Кыргызстандагы оппозициянын азыркы статусунда өзгөчө маани бар дедиңиз. Бүгүнкү оппозиция эмнеси менен айырмаланат?

- Кыргызстандын оппозициясы элге консолидация жасап атабыз. Ушундай эле жашай беребизби? Башкача жашоонун кандай жолу бар? Бизге врачтар, экономист-финансисттер, экологдор, жаштар, чыгармачыл адамдар, жалпы эле Кыргызстандан көптөгөн адамдар өздөрүнүн сунуштарын берип атышат. "Азыркы турмуш болбойт, ушинтип отурсак биз алга эмес, артка кетебиз. Ошондуктан, биз жаңы жолдорду иштеп чыгышыбыз керек. Мобу реформа деп аталган нерселердин баары көп учурларда биздин турмушту бузуп коюп атат. Ошондуктан, мобу жолду азыр сунуштап атабыз" деп атышат, ушундай прогрессивдүү сунуштар азыр колубузга келип түшүп атат.

- Москвада сиздерди кыргыз диаспорасы менен жолукту деп уктук. Алардан кандайдыр бир сунуш түштүбү?

- Ооба, биз Москвада болгондо кыргыз диаспорасы менен да жолуктук. Ошо жерде иштеп жүргөндөр жалаң эле жумушчулар эмес экен. Курулушчулардан, Москванын көчөлөрүн шыпыргандардан, базарларда иштегендерден тышкары бизнесте жүргөн адамдар менен да жолуктук, сыймыктандык. Москва деген дүйнөдөгү олуттуу атаандаштыкка ээ чоң шаар. Ошол жерде да кыргыздардын иши ийгиликтүү болуп атыптыр. Дүйнө жүзүндөгү белгилүү жогорку окуу жайларда мугалим, доцент болуп иштеп жүргөндөр бар экен. Жалпы кыргыздардын «Биримдик» деген саясий эмес уюму бар экен. Кыргызстанда болуп аткан окуяларды айтып бердик. Пикир алмаштык. Кыргызстан чын эле азыр чөгүп кетпей, алдыга жылыш керек деп, алар да биртоп жакшы ой-сунуштарын айтышты.

- Дагы бир суроо – ыңкылап маселеси боюнча. Президент Аскар Акаев мындан бир аз мурда ыңкылап болуш ыктымалдыгы жөнүндө айткан эле. Ал эми Кыргызстан калкынын акыркы 5- курултайында болсо эч кандай ыңкылап болбойт, ага негиз жок деди. Сиз кандай деп ойлойсуз, оппозиция ыңкылаптын болушуна кызыкдарбы? Дегеле ыңкылаптын себеби, негиздери барбы, маселен, Грузия же Украинадагыдай? Ошол нерсенин коркунучу, пайдасы, зыяны тууралуу эмне айта аласыз?

- Мен бир нерсени дагы бир жолу айтып коеюн, мен муну айта бергенден чарчабайм. Ыңкылап деген бийликтин колдонгон термини. Революция деген бул жерде Кыргызстанда орустарды же орусча сүйлөгөн башка калкты коркута турган термин. Бул жердеги орустарды же дагы башкасын Орусиядан кайра дагы ажырап, биздин бизнесибиздин баары кыйрап, кан төгүлөт деп коркута турган сөз.

Биз оппозиция революция деп айтып аткан жокпуз. Биз конституциялык, тынчтык негизде бийлик алмашсын деп миң мертебе айтып атабыз. Биздин оюбуз ошол. Тунук, жөнөкөй. Бийлик болсо мына өзүңүз айткандай бирде коркутат, кайта ачуусу тараса эчтеке жок деп коет. Андай болбойт да. Оюнчук эмес да.

Азыр шайлоо. Шайлоо акыйкат өтүш керек деп айтып атабыз. Мына бүгүн эле мен окуп калдым, бир материалды. Кемин районунда кандай өтүп атканын айтып атышат. Бул бир эле округда. Башкаларчы? Ушундай шайлоо акыйкаттуубу, жокпу? Анан бийлик коркутат экен, шайлоону оппозиция бурмалап, революция жасап кетет деп.

Грузияда менен Украинада эл бийликтен коркпой, бийлик жасаган мыйзам бузууларга тыюу салып, эл баары биригип, бурмалоодон коркпойбуз деп тике турганын революция дешсе, анда ал революция окшойт.

Кыскача айтканда, азыркы кыргыз оппозициянын талабы - акыйкат шайлоо өткөрүү. Бийликтин бурмалоосуна жол бербейбиз. Бийлик ушунчалык басмырлап, оппозициялык талапкерлерди өткөрбөө аракетин кылса, биз ага мыйзам ченемдүү, бизге Конституция берген инстурменттер менен жооп беребиз.

- Батыш Орусияны да Кыргызстан сыяктуу эле авторитардык өлкө катары сынга алып келатат. Ушул өңүттөн алганда Орусиянын саясий чөйрөсүндө Кыргызстандын оппозициясына көз караш кандай экен? Батыш менен ымалалашкан оппозиция катары сындап же өгөйсүнткөн жагдайды байкай алган жоксузбу?

- Таптакыр. Бир ирмем да мен аны сезген жокмун. Орусиянын көрүнүктүү журналисттери менен, Орто Азияны терең билген адистер менен, Орусиядагы учурдун көрүнүктүү өкүлдөрү менен жолуктук. Мен, мисалы, мына Америкада, Улуу Британияда иштеген, азыр БУУда иштеген адаммын. Бирок, алар мени Батышка сатылып кетти деп эч качан ойлошпойт.
Ар бир мамлекетте боло жүрчү «черные силы» деген карасанатай күчтөр болбосо, бизге вирустар жукпасын деген чектөөлөр болбосо, кадыресе саясий күчтөр антип ойлобойт. Биздин тилегибизге жараша азыркы Орусиядагы саясий күчтөр биздин жүзүбүздү, тарыхыбызды, кимдин ким экенин жакшы билишет.

- Рахмат ушул акыркы суроом болсун. Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр азыр эмне иш кылып атышат?

- Биз азыр 27-февралга даярданып атабыз. Шайлоого эки жумадан да аз убакыт калды. Ар бир шайлоо округдарында болгон мыйзам бузууларды каттап, үгүт өнөктүгүндө бири-бирибизге жардам берип, маалымат алмашып, Кыргызстанга келип аткан эл аралык байкоочулар жана журналисттер менен пикир алмашып атабыз.

Сүрөттө: Сот залында. 28- январь. 2005- жыл.
Р. Отунбаевага административдик жаза тагылып аткан учур.

АЧЫК КАТ:КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ, “ЭКСТРЕМИСТТЕР” ЖАНА СӨЗ ЭРКИНДИГИ

Чолпон Орозобекова , Бишкек «Хюман райтс воч» эл аралык уюму Аскар Акаевге ачык кат жолдоду. Анда парламенттик шайлоолор алдындагы бир катар жагдайларга тынчсыздануу айтылган. «Хюман райтс воч» уюму Украинадагыдай бийлик алмашууга жол бербөөгө жанталашкан кыргыз бийлиги адам укугун тепселеп жатат деп билдирди.

Адам укугун коргогон эл аралык абройлуу уюмдардын бири “Хюман райтс воч” Аскар Акаевге катты 14- февралда жарыялады. Анда тез арада адам укугу боюнча кырдаалды оңдоп, өлкөдөгү саясий кырдаалды жумшарта турган чараларды көрүү кеңеши жазылган.

“Хюман Райтс Воч” экс - элчилердин шайлоодон четтетилиши, президенттин кызы Бермет Акаеванын үгүт кампаниясына студенттердин тартылышы, “Алга Кыргызстан” өңдүү бийликти жактаган партиялардын катарына бюджеттик мекемеде иштегендерди күчтөп каттоо, өкмөттүк маалымат каражаттары аркылуу оппозицияны мокочо кылып көрсөтүү өңдүү жагдайлар сынга алынган.

“Хюман Райтс Воч” уюму алдыдагы парламенттик шайлоо Кыргызстан үчүн демократия менен адам укугунун сакталышы боюнча чоң сыноо болорун эскертет. Мамлекет башчысы менен жогорку бийлик өкүлдөрүнүн оппозиция жана атуулдук коомдун өкүлдөрүн коркутуп- үркүтүп, кемсинтип сүйлөгөн сөздөрү тынчсызданууну жаратат деп жазылган катта. Кыргыз бийлиги тарабынан оппозиция өкүлдөрү “экстремист”, ал эми көз карандысыз маалымат каражаттары чагымчы катары сүрөттөлгөнүнө тынчсыздануу айтылган.

“Хюман райтс воч” уюму кыргыз бийлиги кандай жолдор менен болсо да Украинадагыдай ыңкылапты болтурбоонун аракети менен адам укуктарын тепселөөгө барып жатат деп санайт.

“Республика” партиясынын лидери Замира Сыдыкова акыр кыргыз бийлиги эл аралык деңгээлдеги ушундай сынга тушукмак деген пикирде:

- Ушуну көрмөк биздин бийлик. Эл аралык уюмдар биздин өлкөдө эмне болуп жатат, шайлоодо кандай мыйзам бузуулар болуп атканын көрүп турушат. Бул катта өлкөдөгү кырдаал даана жана ачык жазылган. Жада калса президенттин күйөө баласы көзөмөлдөгөн телеканал тууралуу да ачык айтылыптыр. Менимче, бул абдан эле катуу жазылган кат. Бирок биздин бийлик мындайга көнүп калган. Бу жолу да тоботпой, кулагынын сыртынан кетириши толук ыктымал, -дейт Замира Сыдыкова.

Белгилүү коомдук ишмер Дастан Сарыгулов катта айтылгандай эле шайлоо алдында өлкөдө адилетсиздик болуп жатат деген ойдо. Анын айтымында, кыргыз эли байыртан эрикиндикке жакын эл болгон:

- Шайлоо жараянында мыйзам бузуулар көп болуп атканы чындык. Соңку жылдары кыргыз эли бийликтин күчү менен жасалып аткан адилетсиздиктен жапа чегип аткан менен кыргыздар илгертен эркиндикте жашаган. Эл башын өзү шайлап, айыл- чарбасын иштетип, эркиндикти туу туткан эл. Кыргыздар деген украин менен грузиндерден да байыркы эл.

Бул катта экс- элчилердин шайлоодон четтелиши жөнүндө ачык жазылган. “Хюман райтс воч” уюму Аскар Акаевге “Роза Отунбаеванын шайлоого катыштырылбай калышын сиздин кызыңыз Бермет Акаеванын каршылашын четке чыгаруу аракети деп болжогонго негиз берет” деп жазыптыр.

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Досаалы Эсеналиев адатта мындай эл аралык уюмдар бир жактуу баа берет деген ойдо:

- Эл аралык уюмдар өлкөдөгү кырдаалга ашепке жана бир жактуу баа берүүнү өнөкөткө айландырып алышкан. Адатта алар бейөкмөт уюмдардын жана адам укугу боюнча өздөрүнүн комитеттеринин материалдарына таянышат. Бирок ошол тыянактары көпчүлүк учурда бир жактуу болуп калат. Бу жолу да туура эмес фактыларды тизмектеп туруп, бир жактуу баа берген. Мындай каттар өзүн абройлуумун деп санаган эл аралык уюмдарга аброй алып келбейт,- дейт Досаалы Эсеналиев.

Анын айтымында, бул ачык кат менен интернеттен таанышып чыгышты. Досаалы Эсеналиев айрыкча шайлоолордун тегерегинде айтылган ойлор негизсиз деген пикирин билдирди:

- Мамлекет башчысы шайлоолор адилет жана таза өтүшү үчүн бийлик бардык күчүн жумшап атканын айтып эле келатат. Эл аралык уюм өз катында кыргыз бийлиги шайлоодо эл аралык байкоочулардын болушун камсыздаш керек дейт. Бул отчетту түзгөндөр билбейт окшойт. ЕККУнун узак мөөнөттөгү байкоочулары Кыргызстанга эчак келишкен да.

“Хюман райтс воч” уюму сөз эркиндиги жаатындагы кырдаалга да бушаймандык билдирген. Катта КООРТ, Пирамида телеканалдарына президенттин уулу менен күйөө баласы көзөмөлдүк кылат деген маалыматтар түшүп аткандыгы айтылган.

«Хюман райтс воч» уюму нааразылык акцияларын өткөрүүгө карата кыргыз бийлигинин мамилесин сынга алат. Бишкек шаардык кеңешинин пикет жана митингдерди өткөрүүдөн мурун жергиликтүү бийликтен уруксат алуу жөнүндөгү 13- январдагы токтому адам укуктарын чектейт деп санайт. Эл аралык уюм Кыргызстанда нааразылык акциялары жөнүндө таптакыр бөлөк жаңы мыйзам иштелип чыгышы керектигин эскертет.

БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР: ДОБУШ 200 СОМДОН 100 ДОЛЛАРГА ЧЕЙИН ТУРАТ

Бакыт Аманбаев, Бишкек “Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы шайлоо өнөктүгүнө жүргүзүлгөн байкоолору тууралуу алдын ала маалыматын жарыялады. Бейөкмөт уюмдар маалыматына караганда, депутаттыкка талапкерлерди каттоо жана үгүт кампаниясы учурунда олуттуу мыйзам бузуулар ар бир шайлоо округдарында орун алууда. Ал эми тиешелүү бийлик органдары мындай фактылар боюнча өз убагында чара көрбөй жатат.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдар коалициясынан шайлоо өнөктүгү учурунда 120 узак мөөнөттүү байкоочу 60 шайлоо округунда иш алып барышты. Алардын байкоолоруна караганда, дээрлик бардык шайлоо округдарында олуттуу мыйзам бузуулар орун алды:

- Ар бир шайлоо округдарында шайлоочулардын добушун сатып алуу иштери кылдат жүрүп жатат. Мындай көрүнүш бизди абдан кооптондурат. Ага мисал катары, шайлоочуларга бекер тамак берүү менен катар эле акча, эт, ун жана башка тамак аш продуктылары таратылууда. Ал эми шайлоочунун добушу орто эсеп менен эки жүз сомдон 100 долларга чейин туруп жатат, -деди Эдил Байсалов.

Бирок Байсаловдун айтымында, мындай мыйзам бузуулар кайсыл округдарда орун алгандыгы коомчулукка азырынча ачык айтылбайт.

Бейөкмөт уюмдар ырастаганга караганда,бийликти колдогон партиялардан ат салышып жаткан талапкерлер, анын ичинде мамлекет башчы Аскар Акаевдин кызы, телеканалдар аркылуу тынбай көрсөтүлүп жатты:

-Мисалы эле айтып кетсек, КООРТ телеканалы күнүгө өзүнүн жаңылыктарында Университет шайлоо округу боюча талапкер Бермет Акаева тууралуу күнүнө бир эки жолу берүүдө. Ушул аптада да Бермет Акаевага арналган өзүнчө да берүү болот экен. Мындай шарт бардык талапкерлерге түзүлүш керек болчу,- дейт Эдил Байсалов.

Анын айтымында, шайлоо өнөктүгү учурунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шайлоо өнөктүгүнө кийлигишип жатышат:

- Ага мисал катары Ыссыкөл облусунун губернатору Токон Шалиеванын аракетин келтирсе болот. Ыссыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева №72 Каракол шайлоо округунда депутаттыкка ат салышып жаткан талапкер Бурулсун Рыскулованы чакырып, аталган округдан шайлоого катышып жаткан «Алга-Кыргызстан» партиясынын өкүлү Догдургүл Кендирбаеванын кызыкчылыгына өз талапкердигин алып салууну талап кылган. Шайлиеванын андай талабын Бурулсун Рыскулова үн жазуучу аппаратка билдирбей жаздырып алган. Мамлекет башчысы адилет шайлоо өткөрөм деген убадасына турса Шайлиеваны кызматтан алыш керек.

Ыссыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева «Азаттыкка» телефон аркылуу мындай окуя болгон жок деп билдирди:

Баары эле арызчы болуп жатат. Мен эч несе кылбасам деле арызданып жатышат. Бул шайлоо өнөктүгү учурундагы шайлоонун шайтан оюну.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы шайлоо өнөктүгүнө көзөмөл жүргүзүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Туйгуналы Абдраимов шайлоо өнөктүгүндө түшкөн арыздар боюнча өз убагында чара көрүлүп жатат деген пикирин билдирди.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын байкоочуларынын маалыматы азырынча Борбордук шайлоо комиссиясына жете электигин билдирди.

«АЛГА, КЫРГЫЗСТАН!» ПАРТИЯСЫНЫН САЯСЫЙ ТЕХНОЛОГДОРУ, ТӨБӨДӨГҮ ТӨӨ КӨРҮНБӨЙТ, А.АКАЕВДИН ТАЛАС САПАРЫ

Бу жолу айрым гезиттер бийлик колдоосуна ээ талапкерлердин мыйзамды көзкөрүнөө бузуп атканы жөнүндө макалаларды жарыялашты. Парламент шайлоо даярдыгы күчүнө кирген маалында президент А.Акаев Таласка барып калк менен жолугушту. Президенттин «Таза Кыргызстан» программасы талкууга алынууда.

Президент А.Акаевдин «Таза Кыргызстан» программасынын маани-мазмуну айтылуу индиялык ишмер Махатма Гандинин тарыхый эмгегине тең келерин белгилеп, шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезитинде М.Тентимишев жазып чыкты. Антишке автордун ырасташынча, программанын «таза» деп аталышы себеп болгон экен.

«Элдин президенти ал аталышты ишкердүү аракеттеги «Таза Кыргызстан» жалпы элдик программасына ыйгарып бергени мүлдө дүйнө элдерине өрнөк болуучу, өтө символикалуу окуяга айланып отурбайбы!» деп жазат автор.

Махатма Ганди коомдук күнөө катары катары эсептеген 7 түшүнүк: принципсиз саясат, мээнети жок байлык, абийири жок сайран, эрк мүнөзү жок билим, ыймансыз коммерция, гумандуулуктан алыс илим, курмандыксыз Кудайга сыйынуу дүйнө реформаторлорунун кызыгуусун жаратып келгенин белгилейт макала автору.

Президент А.Акаевдин Таластагы иш сапары ийгиликтүү өткөнү П.Дүйшөнбаевдин «Кыргызстанды кең келечек күтүп турат» макаласында баяндалган. Автордун маалымдашынча, президент облус калкы менен жолугушуу маалында быйылкы жылы өнөр жай тармагын жаңылоо милдетин ишке ашыруу зарылдыгын билдирген.

А.Акаевдин иш сапарын «Эркинтоо» гезити «Эл биримдиги – эртеңкинин жемиши» деген аталышта сыпаттады.

«Мына, жакында экинчи кадам коюп Париж клубунан дагы 400-500 млн. доллар карызыбызды кечтирип алалы деп аракет кылуудабыз. Ошон үчүн мен Япония Түркия, Россия, Германия мамлекеттерине, Бириккен Улуттар Уюмуна чейин барып карыздарды кечтирүү боюнча алдын-ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдим. Чын-чынына келгенде азыр карыз алып өнүкпөгөн мамлекет жок» деп айткан президент А.Акаев Таластагы эл менен жолугушуусунда.

«Оппозиция» деген уят деле сөз эмес. Башка өлкөлөрдөгү оппозиция жакшы, биздеги бийлик каршылаштары тууралуу антип айтыш кыйын деп жазат шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде А.Исаков деген автор. Анын ырасташынча, Кыргызстандагы оппозиция алигиче белгилүү саясий күчкө айлана албай жатыптыр. Ошон үчүн анын катары иш билги адамдар менен дагы толукталышы керек.

Экинчи бир М.Тилеков деген автор «Атажурт» саясий кыймылынын кадыр-баркы төмөндөп баратканын, а бирок ага карабастан, калк оппозицияны колдоп көчөгө чыгышарын эскертет.

«Ынтымакта жашаш мүмкүн эмес го. Бирок, да туугандар эмоциядан алысыраак болсоңор. Ансыз да май куюлган бочкенин үстүндө отурабыз, от чыгып кетиши ыктымал» деп жазат автор.

Кыргызстандагы экологиялык туризм ыраатка салынбай, айрыкча ак чокулуу тоого чыгуучулар токтогон жерин таштандыга толтурушуп, андан жаратылыш жабыркап жатканы А.Галуничевдин «Тоону сактоонун жолу – тазалык» деген макаласында козголгон.

“Көжөлгөн бийликтин өзү осол иштери менен элди пикетке үндөп жатканын сезбейт” деп жазат Рина Приживойт «МСН» гезитиндеги «Өз башындагы төөнү көрбөй» деген макаласында. Автордун маалымдашынча, Таласта депутаттыкка талапкерлигин койгон мурунку министрди кандай да болсо аттан оодарып түшүү амалында бийлик аны жактоочуларды кысмакка ала баштаганына ачуусу келген калк агылып көчөгө чыгышкан.

Ал эми Кеминде президенттин уулунун урматына жылкы союп, аксакалдарга сый көрсөтүшүнөн эч кандай деле кынтык табышкан жок дейт макала автору. «Айыл адамдарын сатып алуу (киши башына 100 сомдон) фактыларын деле катташпайт. Себеп дегенде, бул акчага Үй-бүлө добуш сатып алууну көздөп жатат». Автордун маалымдашынча, бийлик бардык жерде ыплас оюндарды жасоодо.

Ал эми «Алга, Кыргызстан!» партиясынын саясый технологдору президенттин кызын кантип депутаттыкка өткөрүү аракетин жасап жатышканы Атай Макеновдун макаласында козголгон.

Ажылыкка барган кыйла кыргызстандыктардын узак жолу азаптуу болгону шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезитинде баяндалды.

КУЛОВДУН ТАГДЫРЫНА АКШ КОНГРЕССИНИН ЖАРЫГЫ ТИЕБИ?

АКШ Конгрессинде жакынкы күндөрү Борбор Азиядагы адам укуктарынын абалы тууралуу резолюциянын долбоору талкууланары күтүлүүдө. ДолбоордКыргызстан боюнча бөлүмүндө кыргыз бийлигине Феликс Куловдун эркиндикке чыгаруу сунушу да камтылган.

Феликс Кулов өткөн парламенттик шайлоонун тушунда камакка алынган. Ал Чүй облусунун губернатору, Улуттук коопсуздук кызматын жетектеп турган кезде мамлекеттик казынага чоң өлчөмдө зыян алып келген деп айыпталган.

Айрым саясатчылар анын камакка алынышына өз арызы менен отставкага китиши, парламенттик жана президенттик шайлоого катышуу боюнча ачык-айкын жарыя жасаганы себеп дешет.

Ырасмий бийлик өкүлдөрү ал жеп-ичкени үчүн камалды дешет. Коомчулукта болсо жеп-ичкен деп айыпталгандардын катарында Куловго жасалган катуу мамиле башкаларга жасалбаганын айтып келишет.

“Ар-Намыс” партиясынын жамааты Куловдун ачыкка чыгуу мөөнөтү келгенине карабай, камакта кармалышын өлкөдө адам укуктары сакталбагандыгынын бир мисалы деп карашат. Куловдун адвокаттарынын айтымында, тергөө абагында отурган күндөрүн эсептегенде Кулов 2004-жылы боштондукка чыгыш керек . Анын түрмөдө отурганына төрт жылдын жүзү болду.

Куловдун абактан бошоор учуру өтүп кетти деп санаган тарапкерлери парламенттик жана президенттик шайлоодо ырасмий бийлик үчүн Куловдун түрмөдө отурушу ыңгайлуу деп карашат. Кулов өзү болсо: “Менден башка оппозиционердин камалбашы үчүн, балким менин отура турушум керектир” деп айтканы бар.

Жакынкы күндөрү Куловдун тагдырында кандайдыр бир өзгөрүш болушу ыктымал дешет айрым байкоочулар. Анткени, АКШ Конгрессинде Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча резолюциянын долбоору талкууланары болжолдонууда.

Долбоорду АКШ Конгрессинин Борбор Азия боюнча кичи комитетинин жетекчиси Илиана Рос Летинен даярдаган. Долбоордо “Ар-Намыс” партиясынын лидери, экс – вице- президент Феликс Куловду бошотуу сунушу менен кыргыз бийлигине жолдонгон кайрылуу камтылган. АКШ Конгресси Куловдун азаттыгына таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

“Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев таасир этиши ыктымал дейт:

- АКШ Конгрессинин Борбор Азиядагы адам укуктарынын абалына өз таасирин тийгизиши мүмкүн. Борбор Азия боюнча бир катар белгилүү саясатчылар түрмөдө отурат. Алардын бири ушул Кулов деп эсептейм. АКШ конгрессинин Борбор Азиядагы адам укуктарынын абалына кийлигишип жатканы колдой турган нерсе. Бирок бийлик Кулов өңдөнгөн белгилүү оппозиционер, саясатчыдан коркуп жатпайбы/

Атын атагысы келбеген бийлик өкүлдөрү АКШ Конгрессинин Борбор Азиядагы адам укуктарынын абалы тууралуу айткандарынан жыйынтык болбойт, буга чейин болуп да көргөн эмес дешет.

Юстиция министринин орун басары Таштемир Айтбаев конгрессмендер топтогон документтер менен таанышмайын эчтеке айта албайм дейт:

- Ар бир ишти көрбөй туруп жаман же жакшы дегенге болбос. Ал үчүн документ менен таанышып чыгып, пикир айтканыбыз оң го.

РОЗА ОТУНБАЕВА: “МОСКВА РАДИКАЛДЫК ИСЛАМ МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫБЫЗ ЖОГУНА ИШЕНЕТ”

Жакында «Ата журт» саясий кыймылынын теңтөрайымы, экс-министр жана экс-элчи Роза Отунбаева Москвада иш сапары менен болуп кайтты. Иш сапардын жыйынтыгы боюнча саясатчынын «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунун биринчи бөлүгү сунуш кылынат.

- Роза айым, сиз жекшембиде Москвадан кайтып келген экенсиз. Кандай максатта бардыңыз эле? Анан сапарыңыз жемиштүү болдубу? Адегенде ушул суроолорго жооп алууну көздөп турам.

- Бул сапардын максаты Орусиянын ырасмий бийлик өкүлдөрүнө Кыргызстанда болуп аткан окуялар жөнүндө маалымат берүү, оппозициянын көз карашын билдирүү болчу. Москвага Демократиялык өнүгүү партиясынын башчысы Мамбетжунус Абылов менен бирге барганбыз.

Орусия мына Украина, Абхазия, Грузиядагы окуялардан кийин жагдайды түшүнүп атат. Орусиянын саясий өкүлдөрү жалаң эле ырасмий тарапты укпай, КМШнын ар бир өлкөсүндө бийликтен тышкары да оппозициянын көз карашын билиш керек , аны билбесек мына эртең аталган үч өлкөдөгүдөй такыр башка күчтөр бийликке келип калышы ыктымал деп, бийликке адеп-адеп айтып атышат. Ошондуктан, дагы жаңылбайлы, билели, саясий спектрдин баарын таанышыбыз керек деген өңдүү ушундай чоң-чоң талаптар коюлуп атат.
Мамлекеттик думада үч комитеттин башчылары менен жолуктук. Алар: Михаил Маргелов - сенаттын эларалык комитетинин башчысы, Константин Косачев - думанын эл аралык комитетинин, Андрей Кокошин - КМШ иштери боюнча комитетинин башчылары. Ошондой эле ырасмий бийликтин бир катар өкүлдөрү менен жолуктук, мен алардын аттарын айтпай кое турайын. Бул адамдар өңчөй бийликке эле карабайбыз дешти.

Алар “Кыргызстандын эли кандай чечсе, элдин чечимин, элдин тандоосун сыйлайбыз” дешти. Биз өз кезегинде Кыргызстанда болуп аткан акыбалды, өкмөт жетекчилигинин Конституциялык негизде өзгөрүүсүн талап кылып атканыбызды айттык. “Саргыч ыңкылап” дегенди оппозиция талап кылган жок.
Биз Карнеги фондунун Москвадагы бөлүмүндө “тегерек үстөлдө” болдук. Ага Орусияда, Орто Азияда иштеп жаткан 50-60 чамалаш адистер, саясат таануучулар, тарыхчылар, философтор катышты. Ал жерде көптөгөн суроолорго жооп бердик.
«Журналисттер» үйүндө чоң пресс-конференция болду. Мен айтып коеюн, Кыргызстандагы окуяларга эларалык масс-медианын өкүлдөрүнүн кызыкчылыгы зор болду.

- Орусиянын жетекчилиги Кыргызстан элинин тандоосун сыйлайбыз, эч кандай ички иштерине кийлигишпейбиз деп атат. Ошондой болсо да шайлоо учурунда ырасмий жетекчиликтердин карым-катышынын ыкчамдап жатышына кайдигер карабаган көз караштар аз болгон жери жок. Ириде муну шайлоо менен байланыштырып атышат. Ушул өңүттөн алганда сиз ырасмий тараптардын жең ичинен кызматташуусу деген нерсени байкай алдыңызбы?

- Чынында эле мартта Фрадков келгени жатыптыр. Келсин, биздин да каалообуз ушул. Кыргызстан менен тыгыз мамиле түзүшсүн. Кыргыз эли кубанычта болот. Орус өкмөтү өзү да абдан кыйынчылыкка кабылып атат. Чоң сынга тушугууда. Июлда Путин келет дейт. Мен азыр так айта албайм, бирок, менин билишимче, ал киши Кыргызстан мүчө болгон Евразия экономикалык мейкиндиги өңдүү бир уюмдун бул жерде өтө турган жыйынына катышат. Бирок ал атайын Акаевдин бийлигин күчөтөт деген сөз эмес. Андай мааниде түшүнүүгө болбойт.

- Москвада, көрүнүктүү саясатчылар менен жолугуштук деп айтып атпайсызбы. Менин сурайын дегеним: кыргыз оппозициясы башынан бери эле сынга алынып келатат. «Сөзүнөн башка иши жок, саны бир автобус кишиден ашпайт» деген сөздөрдү өзүңүз деле угуп жүрөсүз. Ушул жагынан алганда, сиздер канчалык деңгээлде өзүңүздөрдү көрсөтө алдыңыздар?

- Мен Орусиядагы жолугушууларды жолдоштордун, тааныш-билиштердин ортосундагы жолугушуу катары санайм. Кыргызстандагы окуяларды абдан чоң кызыгуу менен угушту. Он-жыйырма жылдан бери мени билген адамдар биз көчөдөн келген экстремал-радикал эмес экенибизди түшүнүшөт. Өзгөчө азыр президент оппозицияны радикалдык ислам менен байланыштырып атпайбы. Мен билбейм, кандай негиздери бар экенин. Бирок Москвадагы саясий күчтөр биздин алар менен эч кандай байланышыбыз жок экенине терең ишенишет, билишет.

Кыргызстандын оппозициясынын бүгүнкү көрүнүшү, бүгүнкү статусу бул абдан бир чоң маанилүү маселе. «Силер чын эле чоң күчсүңөрбү?», «жеңе аласыңарбы?» деген суроолор болду ар бир жолугушууда. Биз айтып бердик. Мына биз азыр саясий төрт-беш кыймыл бириктик. Саясий күчтөрдүн форуму болуп, башыбызды коштук. Биз азыр шайлоо өнөктүгүндө бири-бирибизге жардам берип, оппозиция талапкерлерин парламентке өткөргөнгө аракет кылып атабыз, жалпы кошулуп акцияларды, билдирүүлөрдү жасап атабыз деп, ушундай маалымат бердик.

АКШнын AWACS УЧАКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ МОСКВАДА СӨЗ БОЛДУ

Айданбек Акмат уулу, Бишкеk Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов Москвага жасаган жумуш сапарынын жыйынтыгы боюнча 14-февралда маалымат жыйынын өткөрдү. Айтматовдун айтымында, сапарды ийгиликтүү болду деп айтышка негиз бар. Орус бийлиги менен жолугушууларда АКШнын кыргыз бийлигине жасаган сунуштары, орус шаарларындагы кыргыз мигранттарынын акыбалы өңдүү маселелер жөнүндө сөз жүрдү.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин айтымында, быйылкы жылы Кыргызстанга катары менен Орусия бийлик өкүлдөрүнүн келиши күтүлүүдө.

Маселен, март айында жумуш сапар менен премьер - министр Михаил Фрадков келсе, июль айында президент Владимир Путиндин Кыргызстанга сапары белгиленүүдө.

Cентябрь айында Кыргызстанда кыргыз-орус экономикалык экинчи форум өткөрүлөт. Ага Орусиянын экономика министри Герман Греф, Соода палатасынын төрагасы Евгений Примаковдун катышуусу күтүлүүдө.

Аскар Айтматов билдиргенге караганда, кыргыз тарап 2003-жылы кол коюлган Миграция жөнүндөгү келишимге кошумча протоколдун орус парламентинде ратификацияланышына аракет кылууда. Бирок ал келишим ушул кезге чейин орус өкмөтүнүн ички макулдашуусунан чыга элек. Бул маселени орус тарап премьер-министр Фрадковдун сапарына чейин аягына чыгарууну убада кылууда.

Миграция департаментинин төрагасынын орун басары Булат Сарыгулов ал протокол ратификацияланса кыргыз мигранттарынын абалы жеңилдейт дейт:

- Анда Орусия Федерациясында кыргыз мигранттардын 90 күн бою жашоосун жеңилдетүү, документтерди конвертациялоо жөнүндө айтылган.

Аскар Айтматовдун билдирүүсүнө караганда, Москвада тараптар АКШнын AWWACS үлгүсүндөгү учактарынын “Манас” аба майданына конуусуна уруксат берүү, ал эми Борбор Азияда регионалдык коопсуздук жана кызматташуу уюмун түзүү жөнүндөгү маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

- Бул маселе жолугушууда көтөрүлдү. Өз убагында AWWACS үлгүсүндөгү учактарды Манаска жайгаштыруу боюнча АКШ өкмөтүнөн жана НАТО уюмунан бизге өтүнүч келген. Биз аны өтө терең иликтеп, Жамааттык коопсуздук келишими уюму жана Шанхай кызматташуу уюмундагы өнөктөштөрүбүз менен акылдашып, андай үлгүдөгү учактардын Кыргызстанга келиши антитеррордук коалициянын мандатына туура келе бербешин билдиргенбиз. Бул чечимибиз жөнүндө Орусияга маалымат бердик.

Тышкы иштер министри Кыргызстан коопсуздук маселесине келгенде ириде Жамааттык коопсуздук келишими жана Шанхай кызматташуу уюмдарына басым жасаарын белгиледи.

Аскар Айтматовдун айтымында, АКШнын Борбор Азияда Ооганстанды, Пакистанды кошуу менен регионалдык коопсуздук уюм түзүү ниети жөнүндө эч кандай ырасмий сунуш түшө элек.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри, “Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидери Муратбек Иманалиевдин пикиринде, AWACS учактары жана жаңы коопсуздук боюнча кызматташуу уюму жаатында Кыргызстандын ээлеген позициясы туура.

Экс-министр Иманалиев AWACS учактардын Кыргызстанда пайда болушунун өлкөгө кереги деле жок деп санайт. Анын айтымында, америкалык учактардын Кыргызстанда турушу Орусиянын, Кытайдын кызыкчылыгына кандай таасир этээрин да эске алган оң.

Муратбек Иманалиевдин пикиринде, Борбор Азиядагы беш мамлекет биригип, күчтүү регион болушу керек:

- Биз батышта айтылып аткан концепцияга кирбей, региондогу мамлекеттер өз ара биригишибиз керек. Ошондо туура болот азырынча. Кийин эми 50-100-жылдан соң кандай болуп кетет. Аны келечек муун көрөт да.

ОППОЗИЦИЯЛЫК ПАРТИЯЛАР ТЫНЧСЫЗДАНЫШУУДА

Азиза Турдуева, Бишкек Конституциянын жаңы редакциясына ылайык парламентке партиялык тизме боюнча ат салышканга болбойт. Байкоочулар бул норма саясий партиялардын шайлоого катышуу активдүүлүгүн төмөндөттү дешет. Бирок, алдыдагы парламенттик шайлоого саясий партиялар катышып жатышат. Оппозициялык партиялар үгүт иштеринин жүрүшүндө бийликтин колдооосуна ээ партиялар тарабынан жер-жерлерде мыйзам бузуулар орун алып жаткандыгы жөнүндө тынчсызданууларын билдиришүүдө.

Кыргызстандын Башмыйзамынын жаңы редакциясы боюнча саясий партиялар парламенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аркылуу катышууга укуктуу.

«Шайлоо кодексине» киргизилген толуктоолор менен өзгөртүүлөргө ылайык, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын үчтөн бир бөлүгү саясий партиялардын өкүлдөрүнөн түзүлдү. Бирок, серепчилер бардык эле саясий партиялар бул шайлоого бирдей жигердүү катышып жатат деп санашпайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү болуп негизинен “Алга Кыргызстан” жана “Адилет” партияларынын өкүлдөрү киришти. Мындай көрүнүштү аталган партиялардын өкүлдөрү алардын жигердүү ишмердүүлүгү менен түшүндүрсө, оппозициялык партиялар болсо административдик ресурстарды пайдалануунун жемиши катары баалашты.

“Атамекен” социалисттик, “Асаба” кайра жаралуу, Кыргызстан демократиялык кыймылы, “Эркин Кыргызстан”, “Алга,Кыргызстан!”, “Адилет”, “Республика” жана башка бир катар партиялар алдыдагы парламенттик шайлоого талапкерлерин өздөрүнүн курултайында көрсөтүшкөн. Бирок, көптөгөн партиялардын мүчөлөрү шайлоого талапкерлигин өздөрү көрсөтүштү.

Учурда бир катар саясий партиялар өз талапкерлерине үгүттөө иштерин жүргүзүп жатышат. Оппозициялык көз караштагы айрым партиялар үгүт иштеринин жүрүшүндө бийликти колдогон саясий партиялар ар кандай административдик респурстарды пайдаланууда деп билдиришүүдө.

Буга байланыштуу “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев мындай дейт:

- Алга, Кыргызстан!”, “Адилет” сыяктуу партиялардын өкүлдөрү бардык жерде административдик ресурстарды пайдаланып жатышкандыгын шайлоочулар айтып жатышат. Бул партиялардын өкулдөрүнө добуш бересиңер деп ачык эле тапшырмалар берилүүдө. Башкача айтканда, бийликтин партиялары одоно мыйзам бузууларга барууда. Эгерде добуш берүүнү элдин өзүнүн эркине коюп койсо, анда оппозициялык партиялардын өкүлдөрү жеңет.

Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Эдилбек Сарыбаев да жер-жерлерде оаппозициялык партиялардын өкүлдөрүнө кысым көрсөтүлүп жаткандыгын белгилейт:

- Оппозициялык партиялардын өкүлдөрү праламентке шайланышы өтө кыйын болот. Анткени, жер-жерлерде, көпчүлүк округдарда аларга каршы аябай чоң кысым болуп жатат. Жер-жерлерде бийлик администрациялары бийликтин колдоосуна ээ өкүлдөргө гана көңүл буруп, ал эми оппозициялык партиялардын өкүлдөрүнө тоскоолдуктар көрсөтүлүүдө .

Ал эми бийликтин реформаларын колдогон партиялардын өкүлдөрү мындай пикирлерди чекте кагышууда. “Адилет”, “Алга, Кыргызстан!” сыяктуу партиялардын өкүлдөрүнүн парламентте көпчүлүк орунду ээлеши мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептешет.

“Адилет” партиясынын тең төрагаларынын бири, вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев мындай дейт:

- Алга Кыргызстан”, “Адилет” сыяктуу жер-жерлерде өздөрүнүн райондук, облустук бөлүмдөрү бар, мүчөлөрү көп партиялардан парламентке көбүрөөк өтүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эми административдик ресурстар жөнүндө айтсак, мындай мыйзам бузуулар болуп жатат дегенге мен ишенбейм. Анткени, азыр Шайлоо Кодекси боюнча буга тыйуу салынган жана бийлик өкүлдөрү шайлоо жараяндарына кийгилишкен жок .

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, саясий партиялар тарабынан орун алган мыйзам бузуулар боюнча азырынча арыздар тушө элек.

Бул жөнүндө Борборшайлоокомдун өкүлү Туйгуналы Абдраимов билдирди:

- Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлер тарабынан көп арыздар түшүп жатат. Бирок, саясий партиялардын кандайдыр бир одоно мыйзам бузуулары боюнча арыздар түшө элек.

“БИРӨӨНҮН ИЙНЕСИН УУРДАГАН ӨЛКӨНҮ ДА УУРДАЙТ”, “ТАЗА КОЛДОР” ЖАНА ТАЛАПКЕРЛЕР ТАРТЫШЫ

15- февралдагы “Аалам” гезити парламенттик шайлоого аттанган айрым талапкерлердин мыйзам бузуулары тууралуу жазды. Ал эми “Агым” басылмасы президент Аскар Акаевдин “Таза Кыргызстан” долбоорун талкууга алган макалага орун берди.

15- февралдагы “ Агым” гезитинде кабарчы Жолдошбек Зарлыкбеков “Идеограмма” деген макаласында президент Аскар Акаевдин тышкы саясаты, ички саясаттагы жалаң бир жылдык идеограммалык үгүттөөсү тууралуу кеп кылат. “Ажобуз аялдар жылы деди, аялдар оңуп кеткен жок, туризм жылы дегенде туризм өсүп- өнгөн жок” деп жазуу менен быйылкы жаңы идеясын мындайча талдоого алат. “Азыр өлкөдө тагдыр чечер маал. Аскар Акаевич быйылкы жылга саясый установкасын аныктады. Быйылкы жылды жарды- жалчылар үйлүү болсун, тазалыктын беш белгиси болсун деди. “Таза Кыргызстан” долбоорунда “Таза суу” , “Таза шайлоолор”, “Таза өндүрүш”, “Таза табият” жана “Таза колдор”. Баарына макулбуз. Таза суу ириде Азия өнүктүрүү банкынын акчасы менен жасалып жатат. Анын акчасынын көбүн да жергиликтүү чиновниктер жеп коюуда. “Таза колдорго” дегеле ишенип болбойт. Бирөөнүн ийнесин уурдаган адам өлкөнү да уурдашы турулуу. Аскар Акаевдин “таза шайлоолор” үндөөсүн уга турган киши жок. ” деп президенттин идеологиясын талдоого алат “Агым” басылмасында кабарчы Жолдошбек Зарлыкбеков.

“Агым” гезитинин бул санында кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу катчы Гүласина Каленова мындайча айтып берди:

- Жогорку кеңешке депутаттыка талапкерлердин программалары, шайлоочулардан түшкөн арыз- муңдар, Москвага Орусиянын элчилигинин чакыруусу менен барып келген кабарчыбыз Алым Токтомушевдин “Москвада талкуу, Киевде толкун” аттуу макаласы жарык көрдү. Дүйнөлүк жана жергиликтүү кабарларга дагы орун берилди.

15-февралдагы “Аалам” гезитинде журналист Дыйканбек Садык уулу өлкөдөгү саясатка сереп салып, учурдагы оппозициянын негизин мурдакы мамлекеттик чиновниктер түзөөрүн айтып, оппозицияны ойрондотуунун арты бийликтин кыйрашына алып келээрин божомолдойт. “Оппозицияны куугунтуктоо эл массасынын толкундоосун жаратат. Ал гана эмес көтөрүлүшкө алып келиши ыктымал. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эми биздин бийлик үлкөндөрүбүз мына ушул опурталдуу жолго түшүп алышты. Биздеги оппозицияны азырынча өлкөнүн эли да, чет элдик демократиялык күчтөр да толук колдоого алыша элек.” деп жазат “Аалам” басылмасында журналист Дыйканбек Садык уулу.

Ушул басылмада кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу редактору Капар Токтошов айтып берди:

- Шайлоо маселелери кеңири чагылдырылып жатат. Канчалык таза шайлоо өткөрөбүз дегени менен өздөрү мыйзам бузуп, шайлоонун “шайтан оюндары” болуп жаткандыгы талдоого алынат. Мисалы, Атбашы шайлоо аймагындагы шайлоочулардын тизмеси эмдигиче шайлоо участокторуна илген эмес. Бул эмнеден кабар берет?! Кабарчыбыз Аида Надырбекова Кыргызстандан Орусияга барып иштеп жүргөн өлкөнүн атуулдары парламенттик шайлоого катыша алышабы, алар шайлоого кандай мамиле кылышат, келечек парламентти кандай элестетишет? Мына ушундай суроолорго жооп алыш үчүн ошол жакта иштеп жүргөн мекендештерден репортаж уюштурган.

14-февралдагы “Вечерний Бишкек” басылмасында кабарчы Рустам Караев “эгерде оппозиция бийликке келсе, учурдагы айрым жетекчилер түрмөгө олтургузулуп, ал түгүл өлкөдөн кууп чыгарылаарын, өлкөдө башаламандык өкүм сүрүп, чет мамлекеттерден инвестициялык жардамдар келбей калаарын” божомолдойт. “ Жергиликтүү оппозиция өздөрүн бийликке келген грузиялык жана украиналык оппозициялык күчтөргө теңеп жатышат. Алардагыдай бийлик алмашуу Кыргызстанда болушун тилеп турушат. Айтмакчы, түстүү ыңкылап жеңген ошол өлкөлөрдө учурда менчик бөлүштүрүү, талаш- тартыш башталды. Оппозицияны колдоого албай койгон жумушчулар иштен бошотулуп, көчөдө калышты.” деп талдоого алат кабарчы Рустам Караев.

ӨКМӨТ ЖАБДУУЛАРДЫ ТЫШКА САТУУГА ТЫЮУ САЛДЫ

Сапар Орозбаков, Бишкек Өкмөт өзүнүн жакында кабыл алган токтому менен өлкөдөгү жабдууларды тышка – чет өлкөлөргө сатууга тыюу салды. Эксперттер негизинде бул туура чечим экенин, бирок токтом өтө эле кеч чыккандыгын айтышат.

Өкмөт кабыл алган токтом боюнча, ишаналардын чет өлкөлөргө жабдууларды, станокторду жана алардын запастык бөлүктөрүн өз алдынча сатуусуна тыюу салынат.

Өкмөт башчынын айтымында, буга Кыргызстанда чыккан жабдуулар кирбейт. Калгандарын мындан ары Экономика өнүгүү министрлигинин атайын бүтүмү менен гана сатууга уруксат берилет:

- Мен станоктордун баарын тышка алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө токтомго кол койдум. Буга бир гана бизде чыгарылган жабдуулар кирбейт. Аларды каалагандай экспорттой бергиле – деди Николай Танаев.

Анын айтымында, өткөн жылы жайында өзбекстандык бир ишкер Карабалта килем комбинатынын жапжаңы эки линиясын 45 миң эле сомго сатып алып баратканда чек арадан кармалган. Ошондой эле орусиялык ишкерлер Майлысуу электр лампа заводунун өтө баалуу линиясын 1,5 млн долларга сатып алып баратканда, аны өлкөнүн коопсуздук кызматы билип калып, тышка кетирбей алып калган.

- Эски станоктор болсо башка кеп эле. Жалаң жаңы станоктор сатылып жатат. Эмнени карап жүрөсүңөр!? –деп ачууланды Николай Танаев бажы кызматкерлерине.

Кыргызстандагы иштебей токтоп турган завод фабриканын жабдуулары чет өлкөгө арзан сатылып кетип жаткандыгы тууралуу сөз көптөн бери айтылып келет.

Адистердин айтымында, аны адатта завод-фабриканы арзан менчиктештирип алгандар жасашат.Тагыраак айтканда алар жабдууларды сатып, пайда көрүш үчүн гана ишкананы менчиктештиришет. Ошондой эле кийинки кезде банкрот деп жарыяланган ишканаларга дайындалган атайын администраторлор да жабдууларды сатып жатышат деген маалымат бар.

Элдин арасында айтылган сөздөргө караганда, алар кардар менен алдын ала сүйлөшүп алышып, кагазда арзан сатылды деп толтурушуп, айырмасын өз чөнтөгүнө салып алышат.

Кардар табылбаса, аны талкалап, металл сыныктары катары сатып жибергендер да кездешет экен. Депутат Жолдошбек Турдумамбетов Эл өкүлдөр жыйынынын мурда болуп өткөн бир отурумунда Токтогул районундагы жайгашкан мунайбазанын ушундай себеп менен талкаланып кеткенин айтып кейиген болчу:

- Ал жерде аскердик маанидеги 2 миң тоннадан ашык цистерналары менен нефтебаза бар эле. Сатылгандан кийин, баардыгын кесип, металл сыныктары деп сатып, тыптыйпыл кылышты. Андай мунайбазаны эми эч качан куралбайбыз. Эл нааразы болуп, жерге түкүрүштү, - дейт Жолдошбек Турдумамбетов.

Бир кезде Кыргызстанды өнөр жайлуу өлкөгө айландырабыз деп, Бишкекке жана өлкөнүн ар кайсы булуң-бурчтарына көптөгөн завод –фабрикалар курулган болчу. Алар Советтер союзундагы алдыңкы деп эсептелген жабдуулар менен жабдылган эле. Айрымдарына чет өлкөлүк жабдуулар да сатып алып келинген. Алардын канчасы аман калып, канчасы сатылып кеткени тууралуу өкмөттө маалымат жок экен. Адистер болсо ошол жабдуулардын көпчүлүгү эчак эле эле сатылып кеткендигин, өкмөттүн буга байланыштуу токтому өтө кечигип чыккандыгын белгилешет:

- Баардыгын сатып жиберишкен. Азыр агрардык- өнөр жай өлкөдөн агрардык өлкөгө айландык. Өткөн кылымдын 30-40 жылына теңелдик. Көсөөнүн акылы түштөн кийин дегендей баары сатылып кетип, таш жалак калган кезде эми токтом чыгарып отурат. Эмнени сатат? Баары сатылып кеткен. Азыр эч нерсе жок калды, – дейт депутат Бейшенбек Акунов.

ООГАН ТАКТАРЫ: ЖООКЕРЛЕР ЧЫГАРЫЛГАНЫНА 16 ЖЫЛ БОЛДУ

Ооганстандын аймагынан Советтер союзунун аскерлеринин алынып чыгып кеткендигине 15-февраль күнү 16 жыл болот. Буга байланыштуу Ооган согушунун ардагерлери конгрессинин жетекчиси, Улуттук Гвардиянын колбашчысы Абдыгул Чотбаев маалымат жыйынын өткөрдү. Бүгүнкү күндө Ооган согушунун ардагерлерине мамлекет тарабынан кандай камкордук көрүлүп жатат?

Ооган согушуна он жыл ичинде Кыргызстандан 7141 жоокер катышкан. Алардын ичинен 242 адам каза болуп, төртөө дайынсыз жоголгон. 540 жоокер согуштан майып болуп кайтышкан.

Азыркы убакта Кыргызстанда Ооган согушунун 7 000ге жакын катышуучусу бар. Ооган согушунун ардагерлери конгрессинин жетекчиси Абдыгул Чотбаевдин айтымында, аларга мамлекет тарабынан бир топ жеңилдиктер каралган:

- Ооган согушунун катышуучулары кирешеден алынуучу салыктан бошотулган. Мамлекеттик медициналык мекемелерде акысыз дарылана алышат. Жылына бир жолу курорт –санаторияларга дарыланууга барууга, коммуналдык кызмат акыларын төлөөдө 50% жеңилдик алууга, шаардык унааларда бекер жүрүүгө жана башка жеңилдиктер каралган.

Бирок эгемендик жылдарында ардагерлерге жеңилдик каралган мекеме-ишканалардын көпчүлүгү менчикке өтүп кеткенден кийин, бул Ооган согушунун катышуучуларынын акыбалы бир кыйла оорлоду. Ооган согушунун ардагерлери конгрессинин жетекчиси да бул пикирге кошулат:

- Шаардагы унаалардын көпчүлүгү менчиктештирилип, биздин фронттошторубуз эки жакка жүрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Ошондуктан ардагерлер боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек деп ойлойм.

Мамлекет берип жаткан жеңилдиктер тууралуу ооганчылар сөз кылууну каалашпайт. Ооганчыларга каралган жеңилдиктердин дээрлик көпчүлүгү иш жүзүндө жокко эсе экендигин атын атагысы келбеген ооганчы ардагер айтты:

- Жылына бир жолу КМШ өлкөлөрүнүн ичинде бекер жүрүү жана коммуналдык кымат акысына 50% жеңилдик берилгенинен гана кабарым бар. Ушул коммуналдык кызматка берилген жеңилдиктен гана пайдаланбыз. Башка жеңилдиктер тууралуу билбейм. Билгенде деле аларды пайдалануу үчүн көп убакыт жана түйшүк керек да.

Маалымат жыйынында айтылгандай, 15-февраль күнү Ооган согушунда каза болгон жоокерлердин үй-бүлөөлөрүнө 2000 сомго чейин акчалай жардам берилмекчи.

Ооган согушунда балдары кайтпай калган ата-энелер мамлекет көрсөткөн жардамга канааттанбайт. Ош шаарындагы Жапалак айыл өкмөтүнүн жашоочусу Шекер Алиеванын уулу Абдурайим Алиев Ооган согушунда каза болгон. Ага өлгөндөн кийин согушта көрсөткөн өзгөчө каармандыгы үчүн «Кызыл жылдыз» ордени берилген. Шекер Алиеванын айтымында, алар Ооган согушунда уулун жоготкон ата-эне катары айына 400 сом акча алышат:

-Жолдошум экөөбүзгө ай сайын 200 сомдон 400 сом акча берилет. Ал эми жыл сайын ушул 15-февралда 100-150 сомдон да беришчү. Бул жолу ала элекпиз. Электр энергиясына жарым акчасын төлөйбүз, кышка жакын көмүргө деп 700 сом беришкен. Ал эми жердин салыгынан, соцфонддун салыгынан эч кандай жеңилдик жок, бошотушкан да эмес. Ооган согушунун майыптарына 10 сотыхтан жер берилген эле, бирок бизге берген жок.

ШАЙЛОО УБАГЫНДА ТАРТИПТИ САКТАШ ҮЧҮН КОШУМЧА КҮЧТӨР ИЗДЕЛҮҮДӨ

Шайлоо убагында коомдук тартипти толук камсыз кылыш үчүн элдик кошуундар түзүлө турган болду. Ички иштер министрлиги тастыктаганга караганда, милиция кызматкерлерин шайлоо участкаларына бөлүштүрүп жибергенде, кылмыштуулукка каршы күрөш солгундап кетиши толук мүмкүн.

Ресубликада канча милиция кызматкери бар экендиги мамлекеттик сыр катары ачык айтылбайт. Бирок, парламенттик шайлоо учурунда алар коомдук тартипти коргоп үлгүрө албастыгы, анүчүн милициянын саны жетишсиз экени ырасмий түрдө моюнга алынып, кошумча күчтөр изделүүдө.

Ички иштер министринин биринчи орунбасары Расулберди Райымбердиевдин айтымында, элдик кошуундар түзүлө турган болду:

- Ар бир шайлоо участкасында тартип сакталыш керек да. Милиция кызматкерлеринин бардыгын шайлоо участкаларына бөлүштүрүп жиберсек, кылмыштуулукту көзөмөлдөөгө киши аз калып жатпайбы. Ошондуктан, элдик кошуундарды түзүп, коомчулуктун жардамы менен коомдук тартипти сакташыбыз керек болуп атат.

Ош облустук Ички иштер башкармасынын начальник орун басары Эркин Эсеналиевдин ою боюнча, депутаттыкка талапкерлердин бири-бирине жасаган кыянат иштери да милицияга элдик кошуундун жардамга келишин шарттап жатат:

- Мына, алардын бири-бири менен соттошуулары башталды. Бири-биринин үгүттөө иштерине тоскоолдук кылып жатышат. Айылдардагы бирин-экин милиция кызматкерлери алардын баарын карап-багып отура албайт. Ошол себептен да элдик кошуун зарыл болууда. Бирок, алардын калыс болууларын талап кылуудабыз.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын начальниги Камил Абдрахманов Ош шаарында коомдук тартипти камсыз кылууга милиция курамынын өзүнүн эле күчү жетет деп эсептейт:

- Ошто тартипти сактаганга биздин өзубүздүн күчүбүз жетет.

Камил Абдрахманов ошондой эле зарылчылык пайда болсо, Ош шаарында жайгашкан Юридикалык академиянын түштүк филиалынын күчүн пайдаланаарын кошумчалады.

Ички иштер министиринин биринчи орунбасары Расулберди Раимбердиев кылмышкерлер милиция кызматкерлери шайлоо иштери менен алаксып жаткан кезден пайдаланып калгысы келээрин жашырган жок.

Ушул жумада Ош шаарынын Анар кичирайонунан 20 кило апийим, 1кило героин алып бараткан адам кармалгандыгын, 2000ден ашык баракчасы менен “Хизбут- тахрир” партиясынын 21 мүчөсү колго түшүрүлгөндүгүн эскертти.

Министрдин орун басары билдиргенге караганда, шайлоого камылгалар убагында кылмыштуулукту азайтуу үчүн катуу режимде иштеп жатышат:

- Шайлоого даярдык мезгилинде тартип бузуулар азайсын үчүн чоң-чоң операцияларды жүргүзүп жатабыз. «Издөө», «Тартип», «Притон», «Арсенал» деген операцияларды катар-катар өткөздүк. Шайлоо жакындап калганда кылмыштар болбосун деп күчтүү режимде иштеп жатабыз.

Шайлоо учурундагы милициянын орду жөнүндө карапайым адамдардын ою кандай болду экен? Бишкек шаарынын тургуну Дамира Сарыбаева милиция кызматкерлери абдан сак болушу керек дейт:

- Шайлоо убагында милиция аябай сак турушу керек. Бийлик менен оппозиция тирешкен кезде ортодон үчүнчү күчтөр өрт чыгарып ийиши мүмкүн.


Нуркыз Камалова болсо тартип коргоо органдарын шайлоо убагында калыстыкка чакырат:

- Милиция бийликтин камчысын чаппай, калыс иштесе эле чыр-чатак күчөбөйт. Чыр-чатактарды тартип коргоо органдары кээде өздөрү күчөтүп жиберет.

ЖЕТИСУУ ЖАНА “КЫЗЫЛ КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ”

«Тааным» аттуу түрмөктө Кыргызстандын коомдук- саясий жана маданий турмушундагы туңгуч саамалыктар тууралуу сөз болот. Бул жолу кыргызстандык алгачкы окумуштуулар, алардын биринчи эмгектери жана туңгуч статистикалык мекеме тууралуу кеп болот.

Учурда зилзаланын коркунучу адамзатты кооптондуруп турат. Кыргыз жергесинде 19- кылымдын аягында 20- кылымдын башында эле Пишпекте зилзалага байкоо жүргүзүлө баштаган. Ал эми 1927- жылы 4- августта Чүй аймагында «Фрунзе» атындагы сейсмологиялык станциясы ишке кирген.

Жалпы түрк жана дүйнөлүк маданиятка орток болгон илимпоздор Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашкарини алгачкы кыргызстандык окумуштуулар деп атоого болот. Анкени, Жусуп Баласагын Чүй боорундагы Баласагын шаарында 1015- жылы туулуп, 1069-1070- жылдары «Кутадгу билиг» аттуу китеп жазган.

Ал эми Махмуд Кашкари Ысыккөл боюндагы Барскоон өрөөнүндө 1029- жылы туулуп, 1072-1077- жылдары «Диван лугат-ат-турк» башкача айтканда «Түрк тилдеринин сөздүгү» аттуу эмгегин жараткан.

Осмонаалы Сыдык уулу менен Белек Солтоноев Солтонкелди уулун дагы кыргыздын алгачкы тарыхчыларынын сабына кошууга болот. Анткени Осмонаалы Сыдык уулунун «Мухтасар тарых-и Кыргызийа», «Кыргыздын кыскача тарыхы» жана «Тарых-и кыргыз Шабданийа», «Шабданга багышталган кыргыз тарыхы» деген эмгектери 1913- 1915- жылдары Уфа шаарында жарык көргөн.

Белек Солтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыхы» деген эмгегин 1895- жылы баштап, 1934- жылга чейинки окуялар камтылган. Бирок, Белек Солтоноевдин көзү тирүүсүнө бул эмгеги жарык көргөн эмес.

Коомдук ишмер Абдыкерим Сыдык уулунун эмгектерин европалык окумуштуулардын салтында жазган биринчи кыргыз окумуштуусу деп айтып жүрүшөт. Анын «Кыргыз элинин өнүгүү тарыхынын кыскача очерктери» эмгеги 1926- жылы, «Кыргыз элинин уруулук бөлүнүшү» деген эмгеги 1927- жылы жарык көргөн.

Кыргыз Илимдер Академиясынын 1954- жылы шайланган кыргыздардан алгачкы академиктери: Асылбек Алтымышбаев, Жумагул Алышбаев, Иса Ахунбаев, Бегимаалы Жамгирчинов, ал эми жазуучулардан Түгөлбай Сыдыкбеков менен Аалы Токомбаев жана Болот Юнусалиев болуп саналат.

1954- жылы Муса Адышев, Аман Мамытов, Какиш Рыскулова, Бүбү Керимжанова, Азиз Салиев жана Калкабай Сартбаев Кыргыз илимдер Академиясынын кыргыздардан алгачкы корреспондент- мүчөлөрү болуп шайланган.

Өлкөдө маалымат жыйноо 19- кылымдын аягында башталган менен совет доорунда ырасмий түрдө статистикалык маалымат чогултуу үчүн 1920- жылы 5- июнда Жетисуу облусунун Пишпек уезддик бөлүмү түзүлгөн. Бишкектеги алгачкы статистикалык мекеме, анын жетекчилери тууралуу Бишкек шаардык статистика башкармасынын төрагасы, өлкөгө эмгек сиңирген экономист Сайфудин Сейитбеков мындай дейт:

- 1920- жылы 5- июнда Жетисуу облусунун статистика башкармасынын чечими менен Пишпек уезддик бөлүм түзүлгөн. Кийин Фрунзе облусттук статистикалык башкарма аталган. 1959- жылы Фрунзе облусу жоюлуп, Фрунзе шаардык статистикалык башкармалык өз алдынча мекеме болуп түзүлгөн. Биринчи жетекчилери Ахметова, Титерин, Новоселов, Абдрашитов, Абдымомунов деген эже- агайлар иштеди. Учурда 10 бөлүмдө 115 кызматкер иштейт. Тейлөө кызматы боюнча өлкөнүн 70 пайызын биздин мекеме тейлейт. Шериктеш өлкөлөрдөн алгачкы болуп жалпы эл каттоону жүргүздүк.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG