Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 21-январь, 2020 Бишкек убактысы 12:59

Кыргызстан

НААРАЗЫЛЫК ЧАРАЛАР ШАЙЛООДОН КИЙИН УЛАНТЫЛЫШЫ ЫКТЫМАЛ

Бакыт Аманбаев, Бишкек Соңку аптада жер-жерлерде көп адам катышкан нааразылык акциялары орун алды. Алар аткаруу бийлигинен парламенттик шайлоого өздөрүнүн талапкерлерин катыштырууну талап кылышты. Айрым областарда аткаруу бийлиги карапайым элдин койгон талаптарын аткарууга аргасыз болду. Буга байланыштуу жергиликтүү айрым саясатчылар эгерде добуш берүү учурунда кандайдыр бир мыйзам бузууларга жол берилсе, өлкөдө мындай нааразылык чаралары улантылат деп болжошот.

Соңку апта ичинде Ысыккөл, Нарын, Талас, Жалалабат областарында нааразылык чаралары орун алды. Мындай аракеттер адегенде Талас областында башталды. Үч миңге жакын адам Равшан Жээнбековду шайлоого катыштырууну талап кылышып, эртең мененки саат тогуздан кечки саат жыйырма бирге чейин сот имаратынын алдында турушту.

Ушундай эле нааразылык акциялары Нарын обласынын Кочкор, Ысыккөл областынын Тоң, Түп райондорунда өткөрүлдү. Тоң районундагы №75 шайлоо округунун атуулдары Арсланбек Малиевди шайлоого катыштыруу талабы менен Тоң районундагы автожолду он эки жерден тосушуп, райондук администрациянын имаратын бир апта бою ээлеп турушту.

Бул окуялар эл аралык жана эркин гезиттерден гана чагылдырылды. Ал эми мамлекеттик маалымат каражаттарында бул окуяга көңүл бурулбагандыгын угармандар айтышууда:

- Элдин барынын сөзү бирдей болуп жатат. Алар эмне үчүн жогорку бийлик өкүлдөрү бир апта бою элге келип, алардын талаптары менен жеринде таанышкан жок экендигин айтып жатышат. Алар жогорку бийлик өкүлдөрүнө наарызы. -дейт «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмунун окуяга аралашып жүргөн өкүлү Мамбетимин Өмүракунов.

Айрым жергиликтүү саясатчылар эгерде добуш берүү учурунда аткаруу бийлиги тарабынан кандайдыр бир мыйзам бузуулар орун ала турган болсо нааразылык акциялары парламенттик шайлоодон кийин кайрадан уланышы ыктымал дешүүдө:

- Өз талаптарынын акыйкаттыгына ишенген карапайым эл бир добуштан көчөгө чыгышып, Равшан Жээнбековдун укугун коргоп калышты. Аткаруу бийлиги болчок парламентке өз адамдарын өткөрүү максатында ар кандай мыйзам бузууларга барууда. Эгерде 28-февралда добуш берүү учурунда аткаруу бийлиги мыйзам бузууларга бара турган болсо, Кыргызстандын бардык жеринде нааразылык акциялары чыгаарында шек жок, - дейт КДК партиясынын лидерлеринин бири Виктор Черноморец.

Президенттик администрация алдындагы адилет шайлоо өткөрүү боюнча жумушчу тобунун төрагасы, президенттик администрациянын юридикалык бөлүм башчысы Анарбек Исмаилов өлкөдөгү саясий туруктуулук баарынан маанилүү деген ойдо:

- Аткаруу бийлиги өлкөдө саясий туруктуулуктун болушун каалайт. Ошон үчүн мамлекет башчы Аскар Акаев үстүбүздөгү жылды социалдык туруктуулуктун жылы деп жарыялады. Оппозиция өкүлдөрүнүн жогорудагыдай пикири туура эмес. Аткаруу бийлиги эч убакта шайлоонун жүрүшүнө кийлигишкен жок жана кийлигишпейт.

Кыргызстандын жер-жерлериндеги карапайым элдин жергиликтүү аткаруу бийлигине баш ийбей коюшу мындан эки, үч жыл мурунку окуяларды эске салды.

Жалалабад областынын Аксы, андан кийин Ош обласынын Каракулжа, Өзгөн райондорундагы окуялар коомчулуктун эсинде. Аксы окуясы учурунда жергиликтүү калк район акимине баш ийбей, акимчиликтин имаратын ээлеп алган.

Адан көп өтпөй Каракулжа, Өзгөн районунун акимдери парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон карапайым элдин эркине баш ийишип, бир дубандан экинчи дубанга чейин нааразылык чаралардын катышуучулары менен кошо жөө жүрүш жасаганга аргасыз болушкан.

ЖАЙЫЛ ДАСТОРКОНДУУ ҮГҮТ АЯКТАДЫ

Парламенттик шайлоонун үгүт иштерине 24 күн бөлүнгөнү менен, көпчүлүк талапкерлердин добуштарды сатып алуусу маалынан эрте башталган. Анын айынан айрым жерлерде аракечтик күчөп, ыксыз ыгым-чыгымдар болду.

Жаңыланган Шайлоо кодексинин талабына ылайык талапкерлер 24 күн гана үгүт иштерин жүргүзүүгө укуктуу. Шайлоочуларды сатып алуунун ар кыл жолдоруна тоскоол болсун деген үмүт менен киргизилген жаңы талап ортодогу алыш-беришти токтото алган жок.

«Кыргыз руху» гезитинин кабарчысы Жума Мамбетов бийликтин канатынын астындагы талапкерлер үчүн үгүт кампаниясы эрте башталды дейт:

- Бийликке жаккан адамдар каалашынча үгүт иштерин жүргүзүп атышты. Алар мурда эле айыл-айылдарга барып, 2-февралга чейин, эрежеге туура эмес келсе да арак-шарап берип, кой союп, жылкы союп коноктоп жатышты. Анын атын айтуунун деле кажети жок. Таза шайлоо өткөрөбүз деп президент айткан менен ал эч кандай таза болгон жок.

Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов шайлоочулардын депутаттыкка талапкерлерден белек-бечкек алууcyн эч кандай эрен-төрөн көрбөйт:

- Дүнүйө таратып атса «берите» деп атабыз. Алар алат, тараткандын баарын алат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Туйгуналы Абдраимовдун ырасташынча, мындай жагдайдан чыгуунун бир гана жолу бар. Парламент мүчөлөрүнүн тең жарымын партиялык тизме боюнча шайлоо гана ушу тапта өнүгүп-өөрчүп аткан алыш-беришти токтотмок.

- Чынын айтыш керек, бардыгы жашыруун түрдө 2- феварлаг чейин эле иш жүргүзүп жатышты. Бул шайлоодо мурдагыларынан айырмаланып добушту жашыруун сатып алуу өтө көп кездешти. Бардык жерде мал сойгондор, арак бергендер, акча бергендер көп болду. Aл жөнүндө биздин Борбордук шайлоо комиссиясына өтө көп кайрылуулар болуп атат. Айрыкча аялдар «биздин күйөөлөрүбүздү аракеч кылып бүтүрмөй болуп бүтүштү» деп чалышууда.

Белгилүү ишкер Өмүрбек Абдырахманов талапкерлер менен шайлоочулар ортосундагы алыш-бериш оор турмуштун айынан чыгып жатат дейт^

- Азыр ар кимиси өздөрүнүн туугандарына барып, унутулуп бараткан уруучулук, жердешчилик кайра жанданып, ушунчалык өркүндөп чыкты. Ага кошумча болуп акча кирип атат. Ага дагы кошумча болуп административдик системанын күчү кысым жасап жатат. Мына ошентип, кыргыздын азыркы шайлоосу чаң-тополоң болуп эле жатып калды. Элдин жакырчылыгынан пайдаланып, саясий маданиятынын төмөндүгүнөн пайдаланып өздөрүн шайлоого мажбур кылып атышат.

Депутаттыкка талапкерлердин бир тобун сот колу менен атаандаштыктан алып коюу аракети бул ирет да жасалды. Атаандашты ара жолдон алып коюунун сыналган ыкмасы бул ирет ишке ашар-ашпасын 27-февралдагы шайлоо көрсөтөт.

«1000 СЕКУНД ТАЛКУУ»: ӨЛКӨДӨГҮ САЯСИЙ КЫРДААЛ

Кадырман угармандар! «Азаттык» радиосунун аптанын ар жума күнү обого чыгуучу «1000 секунд талкуусу» назарыңыздарда. Бүгүнкү талкууда Кыргызстандагы саясий кырдаал жана шайлоо маселеси тууралуу сөз жүрөт.

АДИЛЕТСИЗ ШАЙЛОО АКШнын МАМИЛЕСИН СУУТАТ

Айданбек Акмат уулу, Бишкеk 26-февралда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин үгүт иштери аяктап, жекшембиде добуш берүү болот. Айрым байкоочулар бул шайлоонун жүрүшү Кыргызстан менен Батыштын мамилесине таасирин тийгизээрин эскертип жатышат.

Бул шайлоого АКШ баш болгон демократиялык батыш өлкөлөрү адаттагыдай эле байкоочуларын жиберип, шайлоонун эл аралык стандартка ылайык өтүшүнө көзөмөл салууда. Экинчи жактан, регионду колунан чыгаргысы келбеген Орусия КМШнын атынан, ал эми Кытай ШКУнун атынан байкоочуларын жиберди.

Кыргыз бийлиги КМШ менен ШКУну, башкача айтканда Москва менен Пекинди жакын тутуп, алардын жардамы менен Батыштан күтүлгөн тескери баага каяша даярдоодо. Ал эми батыш өлкөлөрү жана эл аралык уюмдар тескери баа бере турган иштер добуш берүүгө бир жумадан ашык убакыт калганда күч алды.

Биринчиден, “МСН” гезити президенттин демилгеси менен куугунтуктала баштады. Андан кийин 22-февралда көз карандысыз гезиттер басылган эл аралык басмакана электр кубатын берүү токтотулду. Көп узабай 24-февралда “Азаттык” радиосу мурда чыгып келген жыштыгынан ажыратылды.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг мырза шайлоо алдында бардык эле талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөгөнүн, бардык телеканалдар бийлик тарапта экенин билдирип, эгерде шайлоо учурунда проблемалар көбөйүп кетсе, эл аралык коомчулук аны оң кабыл албай турганын басылмалар аркылуу эскерткен.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев кыргыз-америка мамилеси бузулса, өлкөнүн каржылык дараметине чоң зыян алып келээрин билдирди:

- Бузулат деген-бул чоң маселе, себеби анын каржы, саясий-экономикалык, гуманитардык жагы бар. Ошол жагынан бул Кыргызстанга чоң зыян алып келет. Бул жерде бийлик элге, мамлекетке чоң зыян келе турган ката кетирүүдө.

Муратбек Иманалиев маалымат каражаттарын куугунтуктап, ал эми көз карандысыз басмаканага электр энергиясын бербей койгону бийликтин алсыздыгынан кабар берет дейт:

- Бул бийликтин кубаттуулугун көрсөпөйт. Бул бийликтин айласынын куруп жатканы.

Кыргызстанда 2000-жылдагы шайлоолор да мыйзам бузуулар менен өткөн. Анда Батыш ырасмий Бишкекти сындап, бирок аягында президент Акаев баш болгон өкмөт менен кызматташууну жанданткан.

Бирок “Арнамыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Абдысапар Баялинов бул жолу шайлоо массалык мыйзам бузуулар менен өтсө АКШ баштаган батыш өлкөлөрүнүн Кыргызстанга мамилеси өзгөрөт дейт:

- Сөзсүз түрдө өзгөрүүгө дуушар болот. Эгерде ушундай иштер токтотулбаса, Кыргызстан үчүн ал начар жагына өзгөрүшү ыктымал.

Жергиликтүү талдоочулардын пикиринде, шайлоо жараянындагы мыйзам бузуулар Кыргызстандын тышкы карызын кечүү маселесине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Байкоочулардын баамында, адилетсиз шайлоо болгон күндө ириде Кыргызстандын АКШнын президентинин “Миң жылдыктын чакырыктары” аттуу фондусунан жардам алуу мүмкүнчүлүгү бул ирет да жокко чыгарылат.

ШАЙЛООГО КАМЫЛГАЛАР ШАЙМАШАЙ, БИРОК...

Эртең Кыргызстан аймагында парламенттик шайлоо болот. Бул күнү 2160 шайлоо участогунда кыргызстандык 2 миллион 631 миң шайлоочу добуш беришет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоо участокторуна добуш берүүгө зарыл болгон тунук үкөктөр, бюллетендер, бармакка белги коюучу жарак-жабдыктар, документтер буга чейин толугу менен жеткирилген.

Добуш берүү 27-февралда эртең менен саат 8.00 де башталып, «Шайлоо» деп аталган автоматташкан шайлоо системасы аркылуу добуштардын эсеби маал-маалы менен чыгарылып турат, бул маалымат менен интернет аркылуу каалаган учурда, каалаган жерде таанышууга болот.

Мындан тышкары катталган журналисттер, байкоочулар өкмөт үйүндө ачылган маалымат борборунда да иштей алышат:

- Ал жерге каттоосу бар бардык эл аралык байкоочулар кирип, добуш берүүнү уюштуруунун, тыянак чыгаруунун жүрүшү менен толук тааныша алат.

Добуш берүү жараяны башынан аягына чейин байкоочулардын көзөмөлүндө өтөт. Парламенттик шайлоого жергиликтүүлөрдөн тышкары 695 чет өлкөлүк байкоочу катышып, окуяны чет өлкөлүк 75 журналист, Кыргызстандагы 28 маалымат каражаты чагылдыра турган болду.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов парламенттик шайлоого даярдыкты канааттандырарлык деп баалайт. Бирок бул парламенттик шайлоонун мыйзам бузуусуз өтөрүн толук кепилдей албайт дейт:

- Абал абдан курч, албетте. Анткени, Кочкордогу, Тоңдогу окуялар далилдегендей, эл учурда таза, акыйкат шайлоону талап кылып атышат. Көпчүлүк округдарда биз шайлоочулардын активдүүлүгү жогору болот деп күтүүдөбүз.

БШК төрагасы Сулайман Иманбаевдин айтымында, бардык округдарда шайлоону шаймашай, үзгүлтүксүз өткөрүп алуу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат.

Шайлоо өтпөй калуучу жагдайды түзгөн округ байкала элек, бирок, мыйзам боюнча эң көп добуш топтогон талапкердикинен да талапкерлердин баарына каршы берген добуштар көптүк кылып кетсе, андай шартта шайлоо өткөн жок деп саналат:

- Шайлоочулардын бардык талапкерлерге каршы берген добушу аздыга озуп чыккан талапкердикинен ашып кеткен шартта шайлоо болгон жок деп эсептелет.

Мыйзамдын ушул жобосун шайлоодо Кочкор, Тоң округдарынын жана Бишкек шаарындагы Гагарин шайлоо округдарынын шайлоочулары пайдаланарын өздөрүнүн нааразылык чараларынын учурунда жарыялашты. Алар бул аракет аркылуу өздөрүнүн талапкерлери катышпай калган шайлоону болтурбоо максатын көздөшүүдө. Аталган округдардын талапкерлери Акылбек Жапаровду, Арслан Малиевди жана Абдраим Кулбаевди сот үгүт учурунда мыйзам бузду деп шайлоодон четтетип койгон.

Жалпы шайлоонун жүрүшүнө мындай нааразылык аракеттердин таасири канчалык болору тууралуу байкоочулар азыр пикирлерин айтыша элек. Бирок, оппозициячыл саясатчылар маалымат каражаттарына байланышкан акыркы кыйчалыштыктарды шайлоо учурундагы башкы өксүк катары белгилеп жатышат. Бул тууралуу өз пикирин билдиргендердин бири «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева болду:

- Биз бүгүн маалыматтан абдан кем болуп атабыз. Жетпей атат бизге. Баары жабылып атат. Эркин гезиттерди басмырлап, нускаларын алып кетип, ушундай акыбалда болуп атабыз.

Роза Отунбаеванын пикиринде, маалымат эркиндигине байланыштуу парламенттик шайлоо учурунда түзүлгөн бүгүнкү кырдаалды жеке эле оппозициячылар эмес, эл аралык байкоочулар менен чет өлкөлүк журналисттер да көрүп турушат.

ТОҢ МЕНЕН КОЧКОРДО ТОЛКУГАН ЭЛ ТАРАДЫ

Азиза Турдуева, Бишкек №34 Кочкор шайлоо округунан талапкер болушкан Акылбек Жапаров менен Бейшенбек Болотбеков 25-февралда митингде сөз сүйлөп, өз жактоочуларын нааразылык чараны токтотууга жана шайлоого катышууга көндүрүштү. Ысыккөл облусунун №75 Тоң шайлоо округунан депутатыкка талапкерлигин койгон Арсланбек Малиевдин жактоочулары түнкү саат 12ге чукул нааразылык чарасын токтотушту.

25-февралда №75 Тоң шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутатыкка талапкер Арсланбек Малиевдин жактоочулары нааразылык чарасын кечке чейин улантышты. Түнкү саат 12лерге чейин Тоң райондук администрациянын имараты пикетчилер тарабынан ээленип, Каракол-Бишкек каттамы жабык бойдон турду.

Нааразылык чарасынын 2 миңге жакын катышуучусу Жогорку сот Тоң райондук сотунун Арсланбек Малиев шайлоого талапкер катары катышуудан четтетилсин деген чечимин күчүндө калтыргандыгы жөнүндө түштөн кийин кабардар болушту. Андан соң пикетчилер арасында соттун чечимине карата нааразылык күчөдү.

Арсланбек Малиевдин жактоочуларынын бири Айтбүбү Айтбаева бул чечимди адилетсиздик атары баалады:

- Жогорку соттун чечими негизсиз деп эсептейбиз. Анткени, райондук сот да адилетсиз чечимин чыгарган. Биз Арслан Малиевдин Жогорку Кеңешке талапкерлиги калыбына келтирилмейинче, нааразылык акциябызды токтотпойбуз. Биз аягына чейин турабыз! Бизге мындай адилетсиз бийликтин, адилетсиз соттун кереги жок! .

Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева элди ким көтөрүп чыгып атса, ошолор элдин толкунун басууга чара көрүшү керек деген пикирин 25-февралда “Азаттыкка” билдирди.

Бул күнү түнкү саат 12ге жакын Арсланбек Малиев Кыргызстан демократиялык кыймылынын мүчөсү Топчубек Тургуналиев жана башкалар менен бирге Бөкөмбаев айылына жетти. Тоң районунун Барбулак, Кызылтуу, Шорбулак жана башка айылдарда шайлоочулар Арсланбек Малиевди кол чабуулар, кыйкырык- сүрөөн менен тосуп алышты.

Бөкөнбаев айылына жеткенде Арсланбек Малиев элге төмөнкүдөй кайрылды:

- Урматтуу шайлоочулар! Бийлик өзүнүн адилетсиздигин, элди урматтабай тургандыгын көрсөттү! Бирок, биз бирге болсок, эч жеңилбейбиз! Сиздерге ушунча күндөн бери турганыңыздар үчүн чоң рахмат! Эми менин өтүнөөрүм - үйүнүздөргө тараңыздар! Биз 27-февраль күнү шайлоого барып, жеңишке ээ бололу! Эгерде бул шайлоодо эч ким шайланбаса, мен кайрадан шайлоого талапкер катары катышууга укуктуумун! - деди Арсланбек Малиев.

Кыргызстан Элдик кыймылынын өкүлү Топчубек Тургуналиев эл алдында сүйлөдү:

- Биз Аскар Акаев баш болгон бийликке Арсланбек Малиевден колуңду тарт дейбиз! Жогорку Кеңешке таза, коррупцияга аралашпаган, элдин келечегин ойлогон азаматтарыбыз келиши керек! Урматтуу туугандар, сиздер биринчи жеңишке жетипсиңер! Азыр эле жаңы маалыматты алдык. Тоңдун акими бийликтен оодарылыптыр! , - деп сүйлөдү Топчубек Тургуналиев.

Бирок аким Нурбек Алиев кызматтан алынганы тууралуу ырасмий тараптан маалымат азырынча жок.

Ошентип 25-февралда түнкү 12лерде нааразылык чаранын катышуучулары тарашты. Алар 27-февраль күнү депутаттык марада калган талапкерлерге каршы добуш беришээрин билдиришти.

Кочкор районунда да бул күнү 22-февралдан тарта уланып келаткан нааразылык чаралары токтотулду. Бирок, Жогорку соттун чечими менен шайлоого катышуу укугунан четтетилген №34 Кочкор шайлоо округунан талапкерлер Акылбек Жапаров менен Бейшенбек Болотбековдун жактоочулары мындан ары да алардын укуктарын коргоону улантышаарын билдиришти.

- Биз адилеттик бар экендигине ишенбей калдык. Бүгүн биз таркадык. Бирок, шайлоого барганыбызда калган үч талапкерге добуштарыбызды бербейбиз! Биз “каршы” деген белгини гана койобуз. Бул жерде 7-8 миң адам ошентип макулдаштык. Атнкени, биз өзүбүз каалаган талапкерлерибизди шайлап алуу укугубуздан ажырадык!, - деди Кочкор айылынын тургуну Сагынбү Маткеримова.

Төрт күндөн бери пикетте турган Кайырбек Сарматов Кыргызстанда сот адилеттиги жок экендиги дагы бир жолу далилденди деген ойдо:

- Биз буга чейин эле Кыргызстанда сот адилеттиги жок экендигин билгенбиз.
Муну Жогорку сот дагы бир ирет далилдеп отурат. Көрсө, ушунчалык адилетсиздикти көргөңдөн кийин минтип нааразылык билдирип чыгууга мажбур болот экенсиң да. Биз эми ошол шайлоо күнү баарына каршы добушубузду беребиз
, -деди Кайырбек Сарматов.

Борбордук Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Туйгуналы Абдраимов Кочкор шайлоо округунун шайлоочуларынын бир бөлүгү бардык талапкерлерге каршы добуш берсе, бул округда шайлоо болбой калышы ыктымал дейт:

- Шайлоо Кодексинин 46-беренесине ылайык, баарына каршы деп добуш берген шайлоочулардын саны көп болсо, шайлоо өтпөй калды деп эсептелет да, кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Кайра шайлоо өткөрүлгөндө мурда катышкан талапкерлер катышпайт. Бирок, сот чечими менен алынып салынган талапкерлер ага катышууга укуктуу, эгерде сот шайлоонун болбой калганына бул талапкерлердин тиешеси жок деп тапса.

Президент алдындагы адилет шайлоо өткөрүү боюнча жумушчу тобунун төрагасы, президенттик администрациянын юридикалык бөлүм башчысы Анарбек Исмаилов соңку күндөрдөгү нааразылык акцияларга байланыштуу мындай деди:

- Эми мындай жол тосуулар, администрациянын имаратын ээлеп алгандары мыйзамсыз жорук. Эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ошол нааразылыкка чыккан элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Кечээ, бүгүн Жогорку сот Кочкор, Тоң округдары боюнча талапкерлердин арыздарын карап, тиешелүү чечимин чыгарды. Жогорку соттун чечими кандай болбосун, аны ар бир атуул аткарышы керек. Мыйзамдар аткарылбаса, мамлекет мамлекет болбой калат .

Cүрөттө: Кочкордогу нааразылык чарасынын катышуучулары. «МСН» гезитинен алынды

МЕДЕТКАН ШЕРИМКУЛОВ: “ЭГЕРДЕ БИЙЛИК БУЛ ЖОЛУ ДА ШАЙЛООНУ ӨЗ ОЮНДАГЫДАЙ ӨТКӨРӨМ ДЕСЕ, ЧОҢ ЖАҢЫЛЫШАТ”.

Коомдук ишмер, мурунку элчи Медеткан Шеримкулов шайлоо алдында түштүк дубандарды кыдырып келди. Парламенттик шайлоо алдындагы элдин маанайы, жер-жерлердеги нааразылык чаралары, өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу маек куруп берди.

- Медеткан мырза, сиз түштүктү кыдырып жүргөндө элдин шайлоо алдындагы маанайын байкагандырсыз?

- Акыркы беш күндө мен Ош, Жалалабат облустарында болуп, шайлоочулар менен, шайлоого катышып жаткан айрым талапкерлер менен жолугушуп келдим. Түштүктө элдин көкүрөгүндө быйылкы шайлоолор тынч өтсө, татыктуу талапкерлерди шайлап алсак, бизге бийлик кысым көрсөтпөсө деген эле ой. Эл эгерде бийлик дагы деле мурдагыдай кысым көрсөтө бере турган болсо, биз дагы конституциялык укуктарыбызды коргоп чыгууга даярбыз деп чечкиндүү турушканын айтып кетишим керек. Элдин аң-сезими, түшүнүгү, шайлоолорго болгон ой-пикирлери кадимкидей өзгөрүп калган. Өздөрүнүн укугун, конституциялык нормаларды, шайлоо кодекстерин жана шайлоочу катары өз укуктарын абдан жакшы түшүнүп билип калышты. Ошондуктан бийликте азыр быйылкы шайлоону да мурдагыдай кылып, бийликтин күчү, буйрук, зордук менен каалаган талапкерлерди шайлатып өткөрүп алабыз деген ой болсо, анда бул -өтө чоң жаңылыштык. Себеби эл менен азыр ойногонго болбойт.

- Быйыл шайланган парламентке жалаң капчыктуулар келет деген божомол айтылып жүрөт. Буга кандай оюңуз?

- Жаңы шайлана турган бир палаталуу парламентибиз адистешкен палата болушу керек. Ошондуктан эл да талапкер мыйзам чыгарганды билеби, ага акыл-эси, билими, адистик деңгээли жетеби деп ойлонуп калыптыр. Буга мен абдан кубандым. 27-февраль шайлоо күнү шайлоочуларга кысым көрсөтүлүп, оппозициядагы же өз ойлорун, пикирлерин туура айтып, түз жүргөн талапкерлерди өткөрбөөгө аракеттер көрүлө турган болсо, эл өз талапкерлерин колдоп, ар түрдүү нааразылык чараларга бара тургандыгын айтып жатышат. Ошондуктан шайлоонун шайтан оюндарына бийлик жол бербеши керек. Мунун эки жолу бар. Биринчиден, бийлик өзү шайлоого түздөн-түз катышып, шайлоочуларга кысым көрсөтпөшү керек, андай боло турган болсо, жоопкерчилик бийликтин өзүнө түшөт. Экинчиден, эгер өтпөй калган айрым талапкерлер «мен өтпөй калдым, элимди, тууган-туушкандарымды көчөгө чыгарам» деп мыйзамсыз жолго бара турган болсо, ошондо бийлик мыйзамдын негизинде ошондойго жол бербеши керек деп ойлойм.

- Жер- жерлерде нааразылык чаралар күчөп турат. Саясий активдүүлүгү төмөн деген Нарын менен Ысыккөлдө эл толкуду. Мындай кырдаалга талапкерлер себеп болуп атабы же бийлик өзү түрткү болуудабы?

- Бийлик өзү акылсыздык кылып, жеринде эле чечиле турган мыйзам бузууларга дароо чекит койбой, нааразылыктын чеги көбөйүп кете берсе, буга шайлоочулар да, талапкерлер да күнөөлүү эмес, буга бийликтин өзү гана күнөөлүү болот. Биздин түндүк аймактагы Нарын, Ысыккөл, Чүй облустарынын эли, шайлоочулары мурдатан бери шайлоолорго тынч катышып, тартип бузбастан, мыйзамдын чегинде тынч келе жаткан. Эми минтип Кочкор, Түп, Тоң райондорунда нааразылык митингдери болуп, жол тосууга чейин барып жаткандарынын өзү жакшылык жолго алып барбайт. Менин оюмча, мындай окуяларды күчөтпөстөн, масштабын кеңейтпей туруп, чыккан талаш- тартыштарды ар бир жерде акыл-эстүүлүк менен мыйзамдын негизинде чечишибиз керек.

«МСНге» КАРШЫ СОТКО ДООЧУСУ КЕЛГЕН ЖОК

Жума күнү Бишкектин Октябрь райондук соту «МСН» гезитине каршы берилген доо арызды кароону кийинкиге жылдырды. Байкоочулар бул сот жараянын эркин маалымдоо каражаттарына кысым катары баалашууда.

Өткөн аптанын аягынан бери күн кур эмес улуттук телеканал аркылуу мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов уюштурган телекөрсөтүүнүн улам-улам кайталанышы бир топ көрүүчүлөргө өзгөчө таасир көрсөткөн белем, 24-февралда «МСН» гезит редакциясына келип бейтааныш бирөөлөр чатак чыгарышканы, бул ишке тиешеси барларды ички иштер кызматкерлери кармап кетишкени маалымдалган.

25-февралда «Вечерний Бишкек» гезитинин мурдагы редактору О.Безбородованын «МСН» гезитине каршы берген доо-арызын кароочу Бишкектин Октябрь райондук сотунун алдында милиция кызматкерлери кармап кеткен жолдошторун камактан чыгаруу талабын койгондор менен эркин басылманын таламын талашып келгендердин ортосунда кызуу талаш-тартыш жүрдү.

Эркин гезитти жактоочулар менен сындоочулардын кайым айтышы узакка созулган жок. Сотко доо-арыз жолдогон «Вечерний Бишкек» гезитинин мурунку редактору О.Безбородованын үй-бүлөлүк шартына байланыштуу соттук териштирүү 2-мартка жылдырылды. Аны «МСН» гезитинин саясат бөлүмүнүн жетектөөчү-редактору Рина Приживойт мындайча түшүндүрдү:

- Арызчынын үй-бүлөсүндөгү кандай жагдай болуп атканы түшүнүксүз. «Вечерний Бишкек» басма үйү» акционердик коом жамаатынын үй-бүлө шартыбы же «Вечерний Бишкек» гезитинде иштегендердинби? О.Безбородованын үйүндөгүлөрү чогулуп аны шайлоодон кантип өткөрүүнү ойлоп атышкан окшойт.

«МСН» гезитинин башкы редактору Александр Ким Кыргызстанда "энооз демократия" орногон деген оюн билдирди:

- Бизде энооз демократия деп баарына эле айтып жүрөм. Тигилер да айтайын дегенин айтып атышат. Ар бир адам бирдеме жасаарда же айтаарында баарын таразалап чыгышы керек.

Парламент шайлоо алдында Кыргызстанда эркин маалымдоо каржаттарына карата кысым күчөдү. Президент А.Акаевдин телекайрылуусуна чейин эле «Вечерний Бишкек» гезитинин мурдагы башкы редактору О.Безбородова сотко доо арыз менен кайрылган.

24-февралдан бери «Азаттык» үналгысы орто жана ультра кыска толкундагы жыштыкта обого чыгарылбай калды.

Жакында “kyrgyz.us”, “gazeta.kg” , “centrasia” , ошондой эле «Арнамыс» партиясынын веб-сайты чыкпай турат. Кыргызстандагы «ЭлКат» провайдери иштин чоо-жайын күндөн таралган нур толкундарга байланыштуу түшүндүрүп, 9-мартка чейин созула турган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап кат жазган.

Бирок да жарыктын тоскоолу эмнеликтен Интернеттеги орусча эркин маалымат каражаттарына гана тийип, өкмөт ээлигиндеги веб-сайттардын жолун торобогону коомчулукту таңдандырууда.

Ошондон улам «МСН» гезитин кыргыз бийлигинин катуу кысымга алып атышынын себеп-жөнү ачыкка чыга келет. Мамлекеттик катчы О.Ибраимов жогорку бийлик жетекчисин тартынбай сынга алган басылма патриоттук ой-сезимден куржалак калган деген кинени алдыга жылдырууда.

- Бийликти сөзсүз эле жакшы же жаман көрбөш керек. Иш боюнча сындоо зарыл. Бирок да, бул адамдар байкабаган нерсе бар. Мейли, мени жаман көрсүн, бирок уяттуу адам анысын жашырып коет да.

Кыргызстан элдик кыймылынын мүчөсү, белгилүү окумуштуу Кулубек Бөкөнбаев сөз эркиндигине тыюу салган бийликтен баарын күтсө болот деген пикирде:

- Бизди баш кылып Аскар Акаев бүт Кыргызстанды приватташтырып алат. Мына, «Жаш гвардияда» кыргыздар, силерге окшогон жаш балдар айылдардан келип, айылдарда иш жок, баары «Ош» базарында. Мына, «Жаш гвардияны» кыдыргыла, кыргыздар турат, иш жок.

«АЗАТТЫК» РАДИОСУ УКТУРУЛБАЙ КАЛДЫ

Бакыт Аманбаев, Бишкек Эл аралык “Азаттык» радиосу 24-февралдан тарта жергиликтүү ультра кыска толкун (УКВ) жана орто толкундардан уктурулбай калды. Кыргызстандын аткаруу бийлиги аны УКВ жана орто толкун радиожабдууларын ижарага берүү максатында аукцион өткөрүү иш- чарасы менен байланыштырып түшүндүрүшүүдө. Ал эми «Азаттыктын» угармандары аткаруу бийлигинин өлкөдөгү дагы бир эркин маалымат каражатына карата шайлоо алдындагы чабуулу катары баалашууда.

АКШ конгресси тарабынан каржыланган эл аралык «Азаттык» радиосу кыска толкундан дүйнө жүзүнүн бардык жеринде уктурулат. Ал эми Кыргызстандын аймагында «Азаттык» радиосу жергиликтүү орто толкун жана ультра кыска толкундардан кошумча күчөтүлүп берилет.

«Азаттык» радиосунун мына ошол жергиликтүү толкундардан уктурулушу 24-февралдан тарта токтотулду. «Кыргызтелеком» акционердик коомунунун алдындагы радио өндүрүш түйүн өкүлдөрү «Азаттык» радиосунунун уктурулбай калышын УКВ жана орто толкун радиожабдууларын ижарага берүү максатында үстүбүздөгү жылдын онунчу мартына чейин аукцион өткөрүү иш чарасы менен байланыштырып түшүндүрүштү.

Президенттик админстрация жана аткаруу бийлик өкүлдөрү «Азаттык» радиосуна байланыштуу кырдаал боюнча өз пикирлерин айтуудан баш тартышты.

«Азаттык» радиосун жергиликтүү толкундардан угуп келген угармандар радионун Бишкектеги бюросуна тынчсызданып телефон чалышууда.

Жалалабад облусунун Аксы районунун тургуну Тажмамат Туралиев телефон аркылуу мындай оюн билдирди:

- Биз аксылыктар унчукпай таза шайлоо өтүшүн күтүп жаттык элек. Дүйнө жүзүнө адилеттикти айткан «Азаттык» радиосу үчүн биз тикебизден тик турабыз. «Азаттык» радиосу биздин маңдайыбызда жанып турган чырак. Ал эч убакта өчпөш керек. Анткени «Азаттык» гана Кочкордо болобу, же көлдө болобу дегеле бардык жерде болгон чындыкты айтып жатат. Биз «Азаттык» менен гана курсагыбыз тойот.Менин ушундай пикиримди тартынбай угузуп коюшуңу суранабыз.

Ош облусунун Каракулжа районунун тургуну Бекен Токтоматов мындай дейт:

-Кечээ кечинден баштап укпай калдык, буга бардык жерде эл нааразы болуп жатат. Мен азыр Каракулжа районунун борборунан телефон чалып жатам. «Азаттыктын» жабылышына биздин райондун эли тынчсызданууда. Муну биз бийликтин ыплас саясаты катары баалайбыз.

«Азаттык» радиосунун жергиликтүү толкундардан уктурулбай калышына укук коргоочулар, саясий партия өкүлдөрү да тынчсызданышууда. Кыргызстан элдик кыймылынын төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова «Азаттык» радиосунун уктурулбай калышы боюнча аткаруу бийлигинин жүйөсүнө ишенбейт:

- Бул бийликтин кезектеги жомоктору. Эл жөнүндө ойлогон бийлик мындай кадамдарга барбайт эле. Шайлоо алдында атайылап жасалган нерсе. Элди саясий окуя учурунда өлкөдө болгон чындыкты билбей калсын деген максатта жасаган иш. Биз дүйнө жүзүндөгү эл аралык уюмдарга кайрылабыз.

«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдрасулова буларды кошумчалады:

- Биз «Азаттыктын» угармандары өтө көппүз. Эл сүйгөн радиону мындай эле жаап койгонго жол бербейбиз. Биз «Азаттык» үчүн бийлик мурда көрбөгөн, акцияларга барабыз. Мен укук коргоочу катары жана «Азаттыкты» сүйгөн угарман катары айтып жатам.

«Азаттык» радиосунун уктурулбай калышы боюча аткаруу бийлик өкүлдөрүазырынча ырасмий жооп берише элек. Биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев «Азаттык» радиосу тууралуу өз пикирин айтуудан баш тартты:

-Мен бул маселеге кийлигишпейм. Бул өзүңөрдүн ишиңер. Өзүңөр чечкиле.

НИКОЛАЙ ТАНАЕВ: «ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ЧЫР-ЧАТАКТАР ИНВЕСТОРЛОРДУ ЧОЧУТУП ЖАТАТ».

Сапар Орозбаков, Бишкек Премьер-министр Николай Танаев 24-февралда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн жыйнап, өкмөттүн экономикага инвестиция тартуу боюнча быйыл жүргүзүп жаткан иштери менен тааныштырды. Өкмөт башчы «инвестицияны быйыл 31% көбөйтүүгө толук шарт бар, бирок өкмөттүн бул багытта жүргүзүп жаткан иштерин шайлоого байланыштуу чыгып жаткан чыр-чатактар үзгүлтүккө учуратып коюшу мүмкүн» деп билдирди.

Николай Танаев өкмөт акыркы жылдары инвестицияга жагымдуу шарт түзүү боюнча көп иш жасаганын, аны эл аралык уюмдар жогору баалап жатышкандыктарын билдирди. Анын айтымында, бир нече эл аралык финансы уюмдар инвестиция үчүн Кыргызстанда түзүлгөн шартты КМШ өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы деп табышыптыр.

«Биз инвестицияга жагымдуу шарт түзүү менен гана чектелбестен, аны иш жүзүндө да көп тарта баштадык» деди Николай Танаев. Анын айтымында, быйыл өлкөдө көптөгөн долбоорлордун башталары күтүлүүдө. Ал кайсы жерге эмне курулганы жатканын журналисттерге бирден санап берди.

Бир гана Нарын областында инвестиция күтүлбөйт экен, ал эми өлкөнүн калган региондорунда - өзгөчө Бишкек шаарында, Чүй , Жалалабад жана Ысыккөл областтарында быйыл ири суммадагы инвестициялар тартылганы жатыптыр. Өкмөт башчынын айтымында, кыргыз өкмөтү быйыл инвестициянын 31% өсүшүн күтүп жатат.

Премьер-министр «өкмөттүн инвестиция тартуу боюнча мындай аракетине өлкөнүн ар кайсы жеринде шайлоого байланыштуу чыгып жаткан чыр-чатактар жолтоо болушу мүмкүн» деп билдирди. Өкмөт башчы Тоң районундагы Арслан Малиевдин жана Кочкор районундагы Акылбек Жапаровдун жана башка талапкерлердин жактоочулары жолду буушуп, машинелерди өткөрбөй жатышканына айрым чет өлкөлүк ишкерлер нааразы болуп жатышкандыктарын айтты.

- Мындай абал инвестиция тартууга сөзсүз тоскоол болот. Өзгөчө Ысыккөлдө. Эс алуу жайлары боюнча биздин атаандаштар көп. Алар «Ысыккөлдө тынчтык жок, ал жерге барбагыла» деп чыгышат. Биздин чуу чыгаруучулардын кылган ишинин жыйынтыгы ушундай болот.

Кыргыз улуттук университетинин профессору Айылчы Сарыбаев өкмөт башчынын мындай пикирине кошулбайт:

- Ушундай терең тамырлап кеткен коррупцияны жоюу үчүн адилет жана ачык шайлоо керек. Танаевдин айтканы жөн эле шылтоо. Өкмөт өзү инвестиция тарта албай, шайлоого шылтап жатат.

Профессор Сарыбаев бийликтин коррупцияланып кетишинен улам экономика жакшы өспөй, инвестиция келбей жаткандыгын белгилейт. Анын айтымында, шайлоо адилет жана ачык өтсө, ал инвестицияга жолтоо болбой эле, тескерисинче, ага жол ачышы мүмкүн:

- Инвестицияда жана бизнесте саясий коркунучтуулук деген түшүнүк бар. Эгерде биздин өлкө коррупцияланып, бийлик авторитардык бийликке айланбаганда, инвестиция келе бермек. Бизде коррупция күчөгөнү үчун инвестиция токтоп калды. Мурда эле токтоп калган инвестиция азыр кайдан келмек эле? Эгерде шайлоо адилет өтсө, тескерисинче, инвестициянын агымы күчөшү мүмкүн .

ИМАНБАЕВ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖУРНАЛИСТТЕРДИ ЧОГУЛТТУ

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев жума күнү парламенттик шайлоонун жүрүшүн чагылдыра турган чет өлкөлүк жана жергиликтүү журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү.

27-февралда Кыргызстандагы парламенттик шайлоону АКШ, Кытай, Орусия, Британия, Араб Эмираты, Грузия, Жапония өңдүү өлкөлөрдүн маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болгон чет элдик 72 журналист чагылдырат.

Сулайман Иманбаевдин айтымында, парламенттик шайлоого катышуу үчүн жалпысынан саясий партиялар аркылуу жана өздөрүнүн атынан 473 атуул арыз берген. Алардын 80ден ашыгы ар кандай себептерге байланыштуу шайлоого катышпай калды. Булардын катарында каттоого алынбай калган 5 экс-элчи, соттор аркылуу шайлоодон четтетилген 10 талапкер бар.

Иманбаевдин пикиринде, Кыргызстанда парламенттик шайлоонун ачык-айкын өтүшү үчүн бардык шарттар түзүлдү. Республика боюнча добуш берүүгө 2160 шайлоо участогу даяр. Ал эми шайлоочулардын тизмесин кошумча тактоо уланууда:

- Мен мойнума алышым керек, бардык шайлоо системасынын талылуу жери шайлоочулардын тизмесине байланышкан кыйчалыштар. Бул негизинен ички жана тышкы миграциянын көптүгүнө байланыштуу.

Иманбаев шайлоочулардын кошумча тизмеси жалпы тизменин 2-3%, айрым гана жагдайларда 7%ке чейинкисин гана түзүшү ыктымал деп болжоп, шайлоонун жыйынтыктары кошумча тизмеге көз каранды деген пикирлерди жокко чыгарды.

Кай бир талапкерлер жана байкоочулар БШКнын тизмеге байланышкан саясатын катуу сынга алып, муну добуштарды бурмалоого ыңгайлуу шарт деп эсептешүүдө. Мындай пикирлерин айрым талапкерлер бейшемби күнү «Акипресс» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдиришкен.

- Бурмалоо абдан көп болот. Бизди шайлоочулардын тизмесине жолотпой жатышат. Бирок, биз угуп атабыз да. Эл менен жүрөбүз. Маселен, батирлерде катталган бир киши үчүн үчөө, тиги батирден ону үчүн барат. Башка округдарда 3-4-6 миң «өлүк жандар» чыгып атса, бул жерде деле ошондой болорунан шектенбейм, -дейт Оксана Малеванная.

Сулайман Иманбаев айрым бейөкмөт уюмдардын добуштарды жарыша саноо (exit-pool) демилгесин колдобойт:

- Мен дагы бир жолу айтып коеюн, коомчулуктун кеңири чөйрөсүнүн катышуусунда тыянак чыгарабыз. Бюллетендерди санап, протоколду дароо талапкердин колуна беребиз. Биз, ошондуктан, мынабу шектүү, калыс эмес, жарышып саноонун зарылдыгы жок дейбиз.

Сулайман Иманбаев нааразылык чаралары болуп жаткан Кочкор жана Тоң шайлоо округдарында шайлоону үзгүлтүккө учуратпоо үчүн аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

БШК төрагасы шайлоонун жүрүшүн чагылдыра турган журналисттерге бардык шарттар түзүлөрүн билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар.

Чет өлкөлүк журналисттер БШК төрагасынан «Азаттык» радиосунун берүүлөрүнүн ультра кыска жана орто толкундан уктурулбай калышына байланыштуу пикирин сурашты:

- Өкүнүчтүү. «Азаттыкты» биздин эл республика боюнча кызыгып угушат. Мен бул жөнүндө билген эмесмин.

ТОҢДО ТӨРТ КҮНДӨН БЕРИ ТОПОЛОҢ

Шейшекан Жаналиева, Тоң району Ысыккөл облусунун №75 Тоң округдук шайлоо округунан Арсланбек Малиевдин талапкерлигин жактоочулар төрт күндөн бери аталган райондогу дээрлик бардык айылдардагы автожолдорун тосушуп, райондук акимчилигинин алдында нааразычылык чарасын улантышууда. Байкоочулардын пикиринде, бийлик элдин талаптарын оң жагына чечмейин кырдаал ого бетер курчуп, элдин нааразычылыгы тереңдейт.

Төрт күндөн бери жол тосуп, акимчиликтин имаратына кирип алышкан пикетчилер койгон талаптарында бекем туруп, артка кайтпай тургандыктарын айтышууда.

Бокомбаев айылынын тургуну Дамира Алсеитованын айтымында, шайлоо өнөктүгүндө айрым бийликчил таларкерлердин элди акча жана арак менен сатып алуу аракеттери элди кыжырдантты:

- Биздин Тоң районунда айрым талапкерлердин элге арак, тамак жана акчаларды таратышы кыжырыбызды келтирди. Шайлоонун шайтан оюундарынан азыр эрди-катын ажырашканы турат, эки бир тууган бири-бирине киришип чыгышпай калды, эл беш-алты топко бөлүнүп, бирине бири киришпей калды. Ушул шайлоого келген талапкерлер арак, тамак жана акча бергенин токтотсо, шайлоо таза өтсө, шайлоо комиссиялары, байкоочулар таза иштеп берсе, эл арасында тынчтык болмок.

Төртгүл айылынын тургуну Жүзүмгүл Айтбаева райондун акими Нурбек Алиевдин кызматтан кетишин талап кылды:

- Жергиликтүү сот эң туура эмес чечим кабыл алды. Сот жоголсун. Жергиликтүү бийлик, аким Алиев Нурбек кызматынан кетсин. Малиев Арсланбектин талапкерлиги калыбына келтирлишин талап кылабыз.

Арсланбек Малиевдин талапкерлик укугун коргоо комитетинин төрайымы Динара Эгембердиеванын айтымында, Малиевдин талапкерлигин жана өздөрүнүн конституциялык укуктарын коргоо максатында нааразычылык акциясына чыккандарга эртең бийлик тарабынан кысым көрсөтүлөт. Эгембердиева айым пикетчилер эл аралык уюмдарга кайрылууга аргасыз болушат деген ойдо:

- Мен бүгүн эртең менен эл аралык уюмдарга кайрылдым. Комитеттин төрайымы катары мага, орун басарларыма, элдин артынан куугунтуктоо болбошу үчүн. Келип аткан журналисттер түз айтып, туура сүйлөгөнү үчүн рахмат айтат элем. Бирок «Азаттык» радиосун угузбай салып, аргасыз кылып атышат. Эл аралык уюмдарга интернет аркылуу болгон сүрөттөр менен чыгабыз, өзүбүздүн видиостенкалардын баарын интернет аркылуу бүт дүйнөгө таратабыз.

Тоң районундагы пикетчилер бул күнү да автожолдорду ачышкан жок. Бокомбаев айылындагы базарда, айрым дүкөндөрдө соода-сатык токтоду. Ал эми райондук акимчиликтин үч кабатындагы мекеме, уюмдарда дээрлик төрт күндөн бери иш боло элек. Жергиликтүү бийлик имараты пикетчилердин колунда турат.

Айрым байкоочулардын пикиринде, тоңдук пикетчилер ачууга алдырбай, сезимге жеңдирбей, өздөрүн сабырдуу жана токтоо алып жүрүшүүдө. Алар Арсланбек Малиевдин талапкерлик укугу Жогорку сот тарабынан калыс чечилип, бийлик шайлоо жараянындагы мыйзам бузууларга жол бербөөгө убада кылса гана нааразычылык чаралар токтотулаарын айтышууда.

ЖЕР- ЖЕРЛЕРДЕ НААРАЗЫЛЫК ЧАРАЛАРЫ КҮЧ АЛУУДА

24- февралда Кочкордо, Жалалабатта жана Тоң районунда нааразылык акциялары улантылды. Кочкордо кан жол ачылган менен пикетчилер аймактык шайлоо комиссиясынын имаратын ээлеп алышты. Тоңдо 2 миңге жакын адам автожолду бууп, 300дөй адам акимчиликтин имаратынан чыгыша элек. Жалалабатта болгон митингдин катышуучулары быйыл бийликтин алмашышын талап кылышты.

ТОҢДО ПИКЕТЧИЛЕР ЖОЛДУ БУУП ТУРУШАТ

Ысыккөл облусунун №75 Тоң округдук шайлоо комиссиясынан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер болуп катталган Арсланбек Малиевдин жактоочулары үч күндөн бери автожолду тосушуп, райондук акимчиликтин алдында нааразычылык акцияларын улантышууда.

24-февралда эки миңден ашуун адам Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын алдында нааразычылык акцияларын улантышты.

Райондук акимчиликтин үч кабатын тең ээлеп алган үч жүзгө жакын аял Арсланбек Малиевдин талапкерлиги калыбына келтирилип, Сот акыйкат чечим чыгармайын имараттан чыкпай тургандыктарын билдиришти.

Арсланбек Малиевдин талапкерлик укугун коргоо боюнча комитетинин төрайымы Динара Эгембердиеванын айтымында, пикетчилер райондук акимчиликтеги буюмдарды бүлүндүрүп, тоноого жол беришпейт.

Кажисай шаарчасынын тургуну Канатбек Саадатов оюн мындайча билдирди:

- Депутаттыкка талапкер Арсланбек Малиевге сот чечимин акыйкатсыз чечип койду. Тамак-аш таратып, арак-шарап берген эмес

Боконбаев айылынын тургуну Турдукан Жүдөеванын айтымында, пикетчилер жергиликтүү бийлик ээлеринен, облустун губернатору Токон Шайлиевадан Арсланбек Малиевдин талапкерлик укугунун адилеттүү чечилишин гана каалашат:

- Бул жердеги картаң энелер Шайлиеваны күтүп жаттык эле. Малиевдин кандидаттыгын кайтарууну Жогорку соттон суранып бериңиз дедик эле. Ал киши макул болуп кеткен. Жообун берем деген. Бирок келген жок. Бир гана талабыбыз Малиевдин кандидатурасын кайра койдуруп берсин деп суранып жатканбыз .

Пикетчилер район акими Нурбек Алиевдин отставкага кетишин талап кылып, шайлоо таза өтсүн деген оюн билдиришти:

- Үч күндөн бери №74 шайлоо округуна коюлган Малиевдин талапкерлигин сот алып таштады. Акыйкатсыз чечим чыгарган сот кетсин ишинен, ошондой эле жергиликтүү бийлик Аскар Акаевдин «таза суу, таза шайлоо» деген талаптарынын баарын тебелеп атат. Биздин аким Алиев Нурбек жумушунан кетишин талап кылабыз.

Түштөн кийин пикетчилердин толкуну күчөп, губернатордун машинесин курчап, анын жолун тосушту.

Пикетчилер менен облустун губернатору Токон Шайлиева жолугушуп, элди ынтымакка, биримдикке чакырып, облуска эл үчүн иштеп берүү үчүн келгендигин билдирди:

- Мен ушул жерге атайын Ысыккөл облусу үчүн иштеп берейин деп келгемин. Бишкекте менин жумушум жаман эмес болчу, Бишкекке эмгегим өткөн. Мен баарын түшүнөм, жөнү жок дуулдагандын кереги жок. Тигилерге болгонун болгондой айтып, жеткирдим.

Айрым байкоочулардын пикиринде, нааразычылык акциясына чыккандардын арасында мас абалында жүргөндөр да бар. Мындай абал ансыз да ыдырап турган элдин толкунун ого бетер күчөтөт.

Арсланбек Малиевдин талапкерлик укугун коргоо боюнча комитеттин төрайымы Динара Эгембердиеванын айтымында, тартип жана укук коргоо органдары тарабынан аларга кысым көрсөтүүлөр, коркутуп-үркүтүүлөр жок.

Эгембердиеванын айтымында, эгерде пикетчилердин Жогорку сотко жана губернаторго койгон талаптары аткарылбаса, анда алар парламенттик шайлоого бойкот жарыялашат.

КОЧКОРДО ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ИМАРАТЫН ЭЭЛЕП АЛЫШТЫ

Шайлоодон четтетилген эки талапкер Акылбек Жапаров менен Бейшенбек Болотбековдун жактоочуларыэки күндөн бери кан жолду бууп атышкан. Бирок алар 23-февралда жолду бошотуп, №34 Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын имаратын ээлеп алышты.

24-февралда талапкерлердин жактоочулары нааразылык акциясын улантышты. Саат он бирлер чамасында жүзгө чукул адам райондук акимиятка келишип, «губернатор менен аким отставкага кетсин, сотто акыйкат жок» деген плакаттарды көтөрүп турушту.

Аларга жолугушууга чыккан аким Тариэл Айтбаев бул ишти сот гана чечет деген оюн айтты. Ошол маалда төрт жүзгө чукул атчан адам талапкерлердин укугу калыбына келбесе, Кулакунун белин ашып Бишкекке жөнөйбүз деп турушту.

Чогулган эл жети күндөн бери турган көмүр ташыган машиналардын шопурлар менен сүйлөшүп, соттон чечим чыгаары менен жолду бошотоорун айтышты.

Жол тоскон пикетчилердин айрымдары маалымат каражаттары аркылуу бийлик туура эмес маалымат маалымат берип жатышат дейт:

- Алтымышева Шарипа, Жаңыжол айылынан болом. Жаныжолдуктар жылкыны союп алып бактын арасында концерттерди уюштуруп, балдарды уруштуруп, машинелердин терезелерин сындырып деген кур калпты айтып өз элин жамандап жатты Шамшибек. Биз «Азаттыктан» угуп отурдук. Балдарыбыздын баары ачка ушул жерде турса,Шамшибек кайсы бети менен сүйлөп атат. Шамшибек кетсин бул жерден.

Саат бештен өткөндөн кийин боз үйлөр чечилип, ал жерде чогулгандар Кочкор райондук акимияттын маңдайындагы №34 Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын имаратына келишти. Алар Жогорку сот эки талапкердин шайлоого катышуу укугун калыбына келтирбептир, 27-февралда шайлоо өткөрбөйбүз деп имараттын ичине кирип олтуруп алышты.

- Биз акыйкатты каалайбыз. Жети кундөн бери элдин акыбалын сурабаган бийликтин эмне кереги бар. Азыр элди кыйнабай жолду ачтык, эми акимчилик менен шайлоо комиссиясын тегеректейбиз. Бюлеттендерди тараттырбайбыз, жалпы райондо шайлоо болбойт деген чечимге келдик.

Ал эми өздөрүн «Эркин демократия» клубунун мүчөлөрүбүз деген жаштар артка кайтпайбыз деген пикирин айтышты.

Аймактык шайлоо комиссиясынын имаратын ээлеп алган беш жүзгө чукул адам Акылбек Жапаров жана Бейшен Болотбековду күтүп жатышат.

ЖАЛАЛАБАТТА 500дөй АДАМ ЧОГУЛДУ

Жалалабатта 24-февралда нааразылык акциясы улантылды. Митинге чогулган 500дөй адам Аскар Акаев менен Жалалабат шаар башчысынын отставкасын талап кылышты.

Митингдин катышуучулары ырасмий бийликтин оппозицияга каршы күрөшүн айыптап, Аксы окуясы калыс бааланбай калганын, Кытайга берилген жер маселесин, социалдык-экономикалык абалдын начардыгына нааразылык билдиришти.

«Элин асырабаган бийлик жоголсун!» деген плакатты көтөргөн студент Адил Тилебалдиев оппозициялык маанайдагы саясатчыларга жасалган мамилеге нааразы:

- Азыркы бийлик ишенимден кетип калды. Бийлик алмашыш керек, бийликти кайра башынан жанылашыбыз керек. Эмне үчүн оппозициядагы адамдарды бийликке чыгарбай жатышат, эмне үчүн бут тосушат?

«Эрк» партиясынын облустагы координатору Медер Үсөнов кырдаалды бийлик курчутууда деген ойдо:

- Бийлик шайлоо жыйынтыктарын бурмалоого кызыкдар болуп жатат. Бийликтин мындай ыплас аракеттеринин негизинде өлкөдө кырдаал курчуп баратат. Биз шайлоочулардын тизмелерин кайрадан тактап, карап чыгууну талап кылабыз.

«Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев бул акцияга катышты. Ал президент Аскар Акаев бийликте калуу оюн «Таза Кыргызстан!» аттуу узак мөөнөттү программасында кыйытканын айтып, мамлекет башчысынын бийликтен кетишин талап кылды.

Бирок Жалалабат жергиликтүү бийлик өкүлдөрү митингде айтылган ойлорго кошулбастыгын, президент жана башка мамлекеттик чиновниктердин отставкага кетишине негиз жок экенин билдирип жатышат.

ШАЙЛООЧУЛАР ЖОГОРКУ СОТКО НААРАЗЫ

Кыргызстандын Жогорку Соту №34 Кочкор шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлер Бейшенбек Болотбеков жана Акылбек Жапаровдун аппеляциялык арызын карап, аларды талапкерликтен четтеткен райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Төрт күндөн бери жол тосуп жаткан алардын жактоочулары жолду ачып, нааразылык акцияны райондук акимчиликтин алдына улантуу чечимине келишти. Ал эми №75 Тоң шайлоо округундагы шайлоочулар Бөкөнбаев-Бишкек жолун дагы эле ача элек.

Нарын облусундагы №34 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлер Акылбек Жапаров менен Бейшенбек Болотбековдун Бишкек-Торугарт жолун тосуп жаткан жактоочулары жолду бошотушту. Бирок дароо Жогорку Соттун чечимине нааразылык билдирген акцияларын Кочкор райондук акимияттын алдында өткөрө тургандыктарын жарыя кылышты.

Кочкордон «Эр айдоочу» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Качкын Булатов билдирди:

- Чогулган эл митингде сүйлөшүп, №34 Кочкор шайлоо округу боюнча шайлоону өткөрбөйбүз дешти. Райондук акимиат менен райондук кеңештин имаратын курчап алышып,округдук комиссия жайгашкан имаратка кирип алышты. Эл азыр көбөйүп баратат. Бишкектен милициянын атайын отряды да келиптир. Алар ары-бери басып элди аралап жүрүшөт, бирок кандай чара көрөрү белгисиз. 1,5-2 миңдей киши Кочкор райондук акимиаттын астында турушат.

Кочкор райондук акимиаттын алдында турган элдин айрым өкүлдөрү Жогорку Соттун чечимине нааразы экендиктерин төмөнкүчө билдиришти:

- Мен Кочкор районундагы Желпилдек айылынын тургуну Кунасова Марипамын. Мен Жогорку Соттун чечимине абдан нааразымын, туура эмес чечим чыгарышты. Бул шайлоого бийликтин кандай тиешеси бар? Шайлоо элдики болуп,эл шайлаш керек. Анан эл каалаган талапкерлерди алып салгандары туура эмес. Ошон үчүн момунча эл дүргүп турат.Элдин атынан жөө жүрүшкө чыгабыз, ачкачылык жарыялайбыз.

- Мен Каратоо айылынын тургуну Насирова Мээрим.Бул жерде эл толкуп атат. Эл үч күндөн бери бала-бакырасын таштап, суукка карабай үшүп-шишип турат. Бишкектеги чоңдор эмес, Америкадан келген адамдар бизге кызыгып жатат.Эмне үчүн биздин чоңдор келип, бизди карап койгонго жарабайт?

Жогорку Соттун чечиминен кийин Акылбек Жапаров өзүн колдогон шайлоочуларына ыраазылык билдирүү менен бул шайлоонун адилет өтөөрүнөн түңүлгөндүгүн жарыя кылды:

- Мыйзам деген нерсени биз жаза берип, бирок анын иш жүзүндө кандай иштээрин билбей жүрүптүрбүз. Ошонун ичинде сот бийлиги кандай иштээрин билбептирбиз. Тилекке каршы,Кыргызстанда көз карандысыз сот жок экен… Элге рахмат! Бирок, Кыргызстанда адилет жана акыйкат шайлоо болот дегенге Кочкордун эли жана мен өзүм да ишенбей калдым.

Ысыккөл облусундагы №75 Тоң шайлоо округу боюнча талапкер Арслан Малиевдин жактоочулары жолду дагы эле ачыша элек. Малиевди коргоо комитетинин төрайымы Динара Эгембердиевадан кечки саат 7де алынган маалыматка караганда, райондук акимиаттын ичине 23-февралда кирип алган атуулдар Жогорку Сот Малиевдин талапкердигин калыбына келтирмейин талабынан кайтпай тургандыктарын билдиришүүдө:

- Акимиаттын астында саат 10до 3,5-4 миңге жакын адам чогулду. Акимиаттын ичине кечээ кирген адамдар азыр отурушат,имараттын астында эки боз үй тигилген. Тышта жүргөн кишилер да толтура, алар үйлөрүнө кетпейбиз деп жатышат. Эгерде сот эртең Малиевдин талапкерлигин калыбына келтирбесе, анда дагы башка чараларга барабыз деп, эл толкуп атат. Биз аларды токтото албай жатабыз.

Шайлоочулардын мындай аракетин Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов мыйзамсыз деп баалады:

- Сотко кайрылгандан кийин соттун чечими аларга жагабы же жакпайбы, ага карабастан баш ийүүгө милдеттүү. Бири-бирине каршы доо арыздарды өздөрү жазып жатышат. Анан алар чечимге нааразы болуп, чектен чыккан аракеттерге барбашы керек. Шайлоо болот,шайлоонун эртеси да болот. Биздин элибиз менен коомго тынчтык керек .

«МСНдин» КЕҢСЕСИНДЕ ЖАҢЖАЛ КЫЛГАНДАРГА ИШ КОЗГОЛДУ

Замира Кожобаева, Бишкеk 24-февраль күнү “МСН” гезитинин редакциясынын кеңсесине жыйырмадан ашуун адам келишти. Алар колдоруна гезиттин жана анын редакторун, кабарчысын басмырлаган жана кемсинтке сөздөр жазылган плакаттарды кармап алып, редакциянын эшигине чейин кирип барышкан. Редакция жамааты муну гезиттин, анын редакторунун жана кабарчынын аброюна шек келтирген акция катары баалап, милиция чакырышкан. Тартип коргоо органдары бул акциянын катышуучулары бейбаштык кылгандыгы үчүн жоопко тартыларын айтышты.

“МСН”-СПИД”, “Батыш, “МСН” ди сүйбө, болбосо СПИД болосуң”, “Приживойт менен Ким-Кыргызстандын душмандары”, “Биз кыргызбай болсок, силер ата-жотосузсуңар” деген жана башка атуулдун аброюна шек келтирчү, уят сөздөр жазылган плакаттарды кармашкан жыйырмадай киши “МСН” гезитинин редакциясында жаңжал салышты.

“МСН” гезитинин шеф-редактору Токторбек Жаналиевдин айтымында, алар алгач имараттын алдында, андан кийин ичинде жаман сөздөр жазылган плакаттары менен туруп, аягында редакция жайгашкан 3-кабатка чыгып, эшикти тепкилөөгө чейин барышкан.

Редакция жамааты муну ачык террор жана кызматкерлердин аброюна шек келтирген акция катары баалап, милиция чакырышкан. Журналисттер жана милиция кызматкерлери келген учурда окуянын катышуучулары беттерин жаап, аты-жөндөрүн айтуудан баш тартышты.

Милиция кызматкерлери алардын документтерин сураганда, эч кимисинде документ жок болуп чыкты.
Нааразылыгын билдирип келгендердин бири, өзүн Бакыт Турдубаев деп тааныштырган жигит гезит кыргыздарды шылдыңдап жазганы үчүн нааразылык көрсөтүп чыккандыгын айтты:

- Бизди кыргызбай деп жазып, малга теңеп жатышат. Кыргыздардын аброюн кетирип жатышат. Ошондуктан көчөдөн эле өзүбүз топтолуп келдик.

Гезиттин жана редакция кызматкерлеринин дарегине карата маданиятсыз сөздөр жазылган плакаттарды Элдик патриоттук кыймылдын лидерлеринин бири-Нурлан Мотуев тытып салган. Ал бул аракетин төмөнкүчө түшүндүрдү:

-“МСН” гезитине өз иштерим менен келаткам. Кире бериште гезиттин өзүн, редакторун жана кабарчысын жамандаган, сөккөн, уят сөздөр жазылган плакаттарды кармашкан кишилер турушуптур. Мен алардын колунан плакаттарын жулуп алып, тытып салдым.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн оперативдүү тобу окуянын катышуучуларын плакаттары менен кошо салып кетишти. Аталган РИИБнүн башчысынын орун басары Уланбек Рысбековдун айтымында, алар менчик имаратка уруксатсыз кирип, жаңжал салышкандыгы үчүн жоопко тартылышат:

- Булар менчик имаратка уруксатсыз кирип, үчүнчү кабатка чейин чыгып, жаңжал салышкан. Бул бейбаштыкка жатат. Ошондуктан алар жоопко тартылышат.

Окуя болгон жерге барган укук коргоочу Азиза Абдурасулова бул акция “МСН” гезитине кысым жасоо үчүн бийлик тарабынан атайын уюштурулган деген ойдо:

- Милиция аларды эч ким менен сүйлөштүрбөй, аты-жөндөрүн айттырбай, шашып алып кетип атышат. Мунун өзү эле бул ишке бийликтин тиешеси бар экендигинен кабар берип турат. Булар бийликтин бүгүнкү чирип калган системасынын курмандыктары болуп атат. Мен укук коргоочу катары булардын өздөрүн бийликтин ошол системасынан коргоого даярмын.

Байкоочу Медет Жекишев бул окуянын улуттар арасына от коюу коркунучу бар дейт:

- Бул жерде улуттарды бири-бирине кагыштырууга аракет жасаган чагым сыяктуу болуп атат.

“МСН” гезитинин башкы редактору Александр Ким муну бийликтин эркин гезитке кысым көрсөтүү аракетинин уландысы катары баалайт:

-Мунун баары жакында эле мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов өткөргөн “тегерек үстөлдүн” уландысы. Башкача айтканда ал жана ага чейин президент Акаевдин өзү Кыргызстандын атуулдарына “МСН” гезитин сотко берүү тууралуу кайрылган. Кимде-ким биздин жазган сөздөрүбүздөн өзүн шылдыңдоону сезсе, гезиттин редакциясына келип, дооматтарын койсо болот деп жаңсашкан. Мына алар келишти. Мунун баары түздөн-түз бийликтин кылганы.

Бул окуянын уюштуруучуларынын үстүнөн административдик иш козголуп, кармалгандар сотко чейин кое берилгендиги тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн кечке жуук кабарлашты.

УНЧУКПАЙ КОЮУ – ЧЫККЫНЧЫЛЫК, «ТАЗА ШАЙЛООНУН» КАРА ТАКТАРЫ

Кыргызстанда «Таза шайлоо» программасын ишке ашыруу кыйынга турат окшоп калды. Биртоп талапкерлердин сот чечими менен атаандаштыктан четтелиши элдин нааразылыгын туудуруп, канжолдорду тосмойго алып чыкты. Апта соңундагы кыргыз басылмаларында ушул жана башка темалар чагылдырылды.

Шайлоонун шайтан оюндары эми кызыды. №1-Университет шайлоо округунан талапкерлигин коюп аткан экс-элчинин уулунун сүрөтүн түндөсү кимдир бирөөлөр жашыл, кызыл, кара сыр чачып адам уяларлык абалга келтиришкенин жазат жума күнкү «Агым» гезитинде Жолдошбек Зарлыкбеков.

«Бүгүн эрте – эртең кеч» деген легендарлуу акылы менен кыргызды таңданткан Медеткан Шеримкулович ачуусун ичине катып, бийик шатылуу машине жалдап, уулунун портреттерин сыр кетирчү май менен сүрттүрүп чыкты… Көз көрүнөө саясий вандализм» дейт макала автору.

№34-Кочкор шайлоо округунан депутаттыкка талапкер А.Жапаровдун атаандаштыктан четтетилишин Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын төрагасы Алмаз Атамбаев мындайча баалайт:

«Шайлоо кодексинин талаптарын жыйыштырып коюшуп, болбогон бир «күнөөнү» чиймелей салышып, ооздугунан «кан тамган» бийлик жүгөнүндөгү райондук сот А.Жапаровду андан ары шайлоого катышуудан четтетти».

"Президент жер-жерлерге барганда жалаң «дүжүр» кемпир-чалдар менен жолугушуп, даярдалган суроо-жооп менен чектелип, ошондон өлкөдөгү ички абалды жакшы билбей калууда" деп жазат жума күнкү «Кыргыз руху» гезитинде журналист Жыпара Жээналиева.

Каршы чыккандын кадемин алеки саатта катыра койчу бийлик «МСН» гезитин сотко сүйрөп жөнөбөй, маалкатып турушунда мандем бар деп болжол курат Мирлан Дүйшөнбаев. «Көрүнүп тургандай, бийлик алдастап, алда бирдемелерден коркуп жатат» дейт гезит автору.

«Аалам» гезитинин жума күнкү санында Кочкордогу пикеттен репортаж жарыяланууда. Аны журналист Кенжебек Арыкбаевдин өзүнөн уксак:

- Барсак, жолдор тосулган, боз үйлөр тигилген, бир да машине өтпөй туруптур. Алгачкы күнү акимчиликтин алдына 5 миңдей адам чогулган экен. Чогулгандардын кете турган ою жок. Алар бул жерге өз укугубузду коргош үчүн гана келип жатабыз, дешет. «Силердин, талапкериңердин укугун сот калыбына келтирбесе кантесиңер?» деп сурадык. «Анда, 27-февраль күнү биз керек болсо бардык шайлоо участокторунун бырын-чырынын чыгарганга даярбыз» деп жооп беришти.

Коррупция шайлоо маалында берилип аткан 100 сом пул менен 100 грам арактан башталат. Мындай пикирин гезиттин жаңы санында жарыяланган маегинде бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов билдирген.

Анын ырасташынча, президент А.Акаев дагы 10-15 жыл ордун эч кимге бербей, аны уулуна таштап кетүүнү ойлонууда.

"Таза Кыргызстан" "Кумтөр" алтын кенинен чыккан уулуу зат калдыктарынын азабын кыйлага чейин тартат" деп жазат Эркингүл Иманкожоева ушул эле гезитте жарыяланган макаласында.

"А.Акаевдин режими дагы кала турган болсо мен Кыргызстанды таштап башка жерге кетем, өзүн сыйлаган адамдардын кыйласы ошентишет" деп жазат бейшембидеги «МСН» гезитинде белгилүү дарыгер Жеңишбек Назаралиев.

"А.Акаев карапайым адамдардын жашоо-тиричилигине кызыкпады. 700000 ашуун адам бул жерде жашоого мүмкүн болбогондон сыртта иштеп жүрүшөт" дейт Ж.Назаралиев.

"Майрам Акаева салып аткан кансарайын өкмөттүк мейманканага берип атканы журналисттер ойлоп тапкан нерсе эмес" деп жазат Рина Приживойт. Автордун ырасташынча, ал мейманкананы деле үй-бүлөсү менен президент А.Акаев ээлейт. "Гезит козгоп аткан маселе чын үчүн президент тайсалдап ачык жооп бербей жатат" дейт макала автору.

"Мамлекет башчы өлкөдө адилеттик ордуна бирууч коррупцияланган чиновниктердин бийлиги орноп калганын көрсө да көргүсү келбейт, мамлекеттик идеология ордуна жасалма догмалар сунуш кылынып жатканын, өлкөдөгү реалдуу абалды биз дагы кенен ачыгыраак жаза албай жатабыз" деп жазышат «МСН» гезитинин жамааты «Кечириңиз, президент мырза!» деген кайрылуусунда.

Ушул эле гезиттин жума күнкү санында Ф.Кулов президент А.Акаевдин «МСНди» сотко берүү тууралуу кайрылуусуна өз пикирин билдирген. Анын ырасташынча, бул президенттин кадыр-баркын түшүргөндөн башкага жарабайт.

Жакын арада Бишкек көчөлөрүн бербей жайнаган кичи автобустардын саны азайып, алардын ордуна шаар бийлиги жаңы 600 автобусту каттамга чыгара тургандыгын жума күнкү «Бишкек таймс» гезити маалымдады.

ОШТО КАЗА БОЛГОН ШАЙЛООЧУЛАРДЫ “ТИРИЛТИП” ЖАТЫШАТ

Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош шаарындагы №46 Ош-3000 округдук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмелерин тактоодо башаламандыктарга жана одоно катачылыктарга жол берилген деп жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн айыптап чыкты. Ал эми шаар мэри Сатыбалды Чырмашев жергиликтүү аткаруу бийлигинин дарегине айтылган сынды четке кагууда.

№46 “Ош-3000” округдук шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Абдыжапар Аккулов жергиликтүү бийлик органдары тактап берген шайлоочулардын тизмелерин текшерген учурда одоно катачылыктар жол табылганын билдирди.

Анын айтымында, негизги тизмеге дүйнөдөн өтүп кеткен, көрсөтүлгөн даректе жашабаган адамдардын аты-жөнү киргизилген, же болбосо тескерисинче тиешелүү даректе катталган адамдар тизмеге илинбей калган:

- Эгерде он алты участоктон жалпылап алсак, бүгүнкү күндө сегиз участок боюнча колумдагы так тизмеге 2561 адам кирбей калган, бир жарым миңдей адам ашыкча жазылып калган. Эгерде ушул прогнозду ала турган болсок, анда он алты шайлоо участкасы боюнча 5 миңге чукул адам тизмеге кирбей калган болуп атат. 3 миңден 4 миңге чейин ашыкча адамдар тизмеге кирип калганы аныкталды.

Округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн айтымында, тизмелерге тактоо киргизүүдөгү одоно мыйзам бузуулар дээрлик бардык участкаларда катталган.

№298 участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Тажыбай Айтбаев өздүгү толук аныкталбаган 403 адам студенттик жатаканага каттоого коюлуп, кимдир бирөөлөр тарабынан табышмактуу түрдө тизмеге киргизилип калгандыгын билдирди:

- Биздин участкада 3715 шайлоочу боло турган болсо, бул шайлоо тизмелери боюнча бир топ кемчиликтер орун алган. Анда мурда жашап кеткендер, көчүп кеткендер, жашабагандар, жада калса каза болгондордун тизмеси да чыкты.

Мыйзамга ылайык шайлоочулардын тизмелери жергиликтүү бийлик органдары тарабынан такталып, шаар мэринин тастыктоосу менен шайлоо комиссияларына сунушталат.

Ош шаарынын мэри Сатыбалды Чырмашев шайлоочулардын тизмелерди түзүүдөгү мындай кемчиликтер жөнүндөгү сынды негизсиз деп баалады:

- Бир заматта, он күндүн ичинде катаны таап чыкканы туура эмес. Мен бул кишилер менен, окружкомдун төрагасы менен да макул эмесмин. Анткени тизмени тактап атканда, шаардык кеңеш алып келип атканда ушул кишилер өздөрү да отурган. Аларда бир маалымат болсо, менде он маалымат бар. Ошондуктан андай бет тырмаарчылыктын кереги жок бул жерде.

Шайлоого саналуу гана күндөр калса да, өз аты-жөнүн шайлоочулардын тизмесинен таба албай, бушайман болгон шайлоочулардын агымы байкалууда.

Ош шаарынын тургуну Салтанат Кожобекова тизмеге түшпөй калганына нааразы:

- Өзүмдүн тизмемди көрөйүн деп шайлоо участогуна барып калсам, тизмеде аты-жөнүм жок. Эртең келиңиз тактап беребиз дешти. Шайлоого саналуу гана күндөр калды, бул кандай мамиле? Мен таң калдым, беш жылдан бери каттоодо тургандан кийин мен тизмеде болушум керек да.

СТИВЕН ЯНГ ТАЛАС ДУБАНЫНДА БОЛДУ

Машакбай Рахманкул уулу, Талас АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг 23-24-февраль күндөрү Талас облусунда болуп, парламенттик шайлоого даярдыктар менен таанышты. Дубандагы кабарчыбыз Машакбай Рахманкул уулу элчиге бир нече суроолор менен кайрылган.

- Элчи мырза, Кыргызстандагы парламенттик шайлоого даярдыктарга кандай баа бере аласыз?

- Парламенттик шайлоого даярдык өкмөттүк да, өкмөттүк эмес да уюмдарда жүрдү. Менимче, жаңы шайлоо кодекси кыргызстандыктарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берди. Шайлоочулардын баш бармагына белги коюу ыкмасына үмүт чоң. Ошентип, ушул шайлоо Кыргызстандагы эң демократиялуу шайлоо катары өтөт десе болот. Алдыдагы парламенттик шайлоонун мезгилинде массалык маалымат каражаттарынын эркин болуусу абдан маанилүү. Ал эми «МСН» сыяктуу гезиттерди жабууга жасалган аракет жакшы көрүнүш эмес. Себеби Кыргызстандын эли, шайлоочулары депутаттыкка талапкерлер жөнүндө ар кандай пикирлерди билгенге укугу бар. Менин оюмча, райондук соттор шайлоо болоор алдында айрым талапкерлерди депутаттык таймаштан чыгарып жатканы жаман көрүнүш. Парламентке кимдер шайланыш керектигин соттор эмес, эл өзү гана аныкташы керек.

Массалык маалымат каражаттарын колдоо боюнча борбордун басма үйүнө электр энергиясын бербей коюу боюнча АКШнын Кыргызстандагы элчилиги өкмөт менен да, электр энергиясын берүүчү ишкана менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Электр энергиясы кайра берилиши керек. Шайлоо алдында бул басмакананы ушундай ыкма менен жаап койсо элге эркин басма сөз жетпей калат. «Фридом хауз» борборунун ачылышы гезиттерге мамлекеттик эмес басмаканада басылып чыгууга укук берди.

- Урматтуу элчи, сиз Талас дубанында эки күн болдуңуз. Калк арасында шайлоо алдындагы маанай кандай экен?

- Таласка парламенттик шайлоого бул аймактагы даярдыктарды өз көзүм менен көрөйүн деп келдим. Коомдун ар кайсы тармактарынын өкүлдөрү менен жолугуштум. Алардын алдыдагы парламенттик шайлоого күч-кубаты, жигери абдан күч экен. Эркин шайлоону өткөрүүгө карата даярдыктардын кандай экендигин кийинки жолугушуларда мындан да тереңирек билем деп ойлойм. Айрыкча жаштардын активдүүлүгү ачык билинип турат. Шайлоого ошолор активдүү катышса, эң жакшы болоор эле. Бирок шайлоочуларды, айрыкча жаштарды тигил, же бул талапкерге добушуңарды бересиңер деп зордоп жаткандыгын айтышууда. Кимге добуш берерин шайлоочулар өздөрү чечип, эч ким аларды мажбурлабашы керек. Учурдан пайдаланып, угармандарга айта кетким келет, эч кимди укпай өзүңөр каалаган талапкер үчүн добуш бергиле. Сөзүмдүн аягында «Азаттык» радиосуна чоң ыраазычылык билдиргим келет. Анткени бул Борбор Азиядагы эч кимдин көзүн карабаган эл аралык радио болуп саналат. Ошондуктан кокус «Азаттык» радиосуна каршы кандайдыр бир аракеттер жасала турган болсо, аны кыргыз бийлигинин сөз эркиндигин жок кылуу аракети катары карайбыз.

ЭСКИЧЕ ШАЙЛООГО МҮМКҮН БОЛБОЙ КАЛДЫ

Кыргызстандын ырасмий бийлиги парламенттик шайлоодо элди эркине койбосо, социалдык чыңалуу дагы курчушу ыктымал. Акыркы күндөрү болуп жаткан нааразылык акцияларына таянган байкоочулар ушунтип болжоп жатышат.

Акыркы эки күндө жергиликтүү соттор парламенттик шайлоого катышуу укугунан 7 талапкерди ажыратты.

Алардын ичинен Кочкор, Тоң жана Түп шайлоо округдарынан четтетилген Акылбек Жапаровдун, Бейшенбек Болотбековдун, Арслан Малиевдин жана Садыр Жапаровдун тарапкерлери эки күндөн бери өз талапкерлеринин шайлоого катышуу укуктарын кайтарууну талап кылган акцияларды уюштурушууда.

Айрым байкоочулар наарызылыктардын жаралышына бийликтин өз кызыкчылыктарын таңуулоосу негиз болуп жатат дешет. Маселен, шайлоого өзүнүн байкоочуларын катыштырып жаткан «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун пикиринде, акыркы окуялар ырасмий бийлик өлкөдөгү кырдаалды толук көзөмөлдөй албай турганын дагы бир ирет далилдеди:

- Бийлик Нарын менен Ысыккөлдө ушундай протесттер болот деп таптакыр күткөн эмес. Январдын ортосунда чукул кырдаалдар боюнча машыгуу өткөрүп, бирок, бул машыгуулар бул аймактарда болгон эмес. Анткени, бийлик бул аймакта мынчалык каршылык болоорун күткөн эмес.

Эдил Байсаловдун пикиринде, окуянын мындан ары кайсы нукта өнүгөөрү Жогорку Соттун чечиминен көз каранды. Ал эми Кыргызстан элдик кыймылынын төрага орун басары Ишенгүл Болжурованын айтымында, Кыргызстандын түндүк аймагында болуп жаткан нааразылык акциялары элдин нукура үнү жана муну кандайдыр бир оппозиция менен байланыштыруу жаңылыштык. Ошондуктан, жагдайдын курчуп кетишине жол бербөө үчүн бийлик элдин үнүн угушу керек дейт:

- Бийлик туура эмес иш жасап, акыйкат эмес, кара технологияларды колдонуп, элге жаккан талапкерлерди жолдон чыгарганга тырышса, анда элдин көтөрүлгөнү күчөйт дагы, бул өтө оор кырдаалга алып келиши мүмкүн.

Жер-жерлерде окуяларга байкоо жүргүзгөн тараптардын билдирүүлөрүнө караганда, акциялардын катышуучуларынын талаптарына ырасмий бийлик жетиштүү маани берген жери жок. Алар мындай мамиле элдин нааразылыгын күчөтөөрүн жокко чыгарышпайт.

Маселен, Тоң шайлоо округунда байкоо жүргүзүп жаткан жергиликтүү «Карек» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Иманкожоева Бактыгүлдүн пикири:

- Губернатор, акимдер эл менен сүйлөшүп атат. Эл аларга нааразылыктарын билдирүүдө. Бирок, эч нерсе жасалган жери жок. Аксы окуясынын кайра кайталанышын өкмөт башындагылар каалап турат го деп ойлойм.

Аксы окуясы кайталанышын көз карандысыз эксперттердин бири Карыбек Байбосунов да жокко чыгарбайт. Ошондуктан, жагдайды курчутпаш үчүн жарыштан четтетилгендердин укуктарын калыбына келтирип, чочулабай туруп эле кайра күрөшкө салып, аларды элдин тандоосуна коюу керек:

- Эгерде эки тарап макулдукка келбесе, албетте, социалдык чыңалуу күчөп кетиши мүмкүн. Себеби, окружком тараптан кетирилип жаткан айрым катачылыктар, бирөөлөрдүн артынан берилген команда, заказ болушу мүмкүн… Айрым адамдарга подыгрывать этиштин кереги жок. Алар пайдалуубу-пайдасызбы эл өзү чечип алмак.

Түп шайлоо округунан четтетилген талапкерлердин бири Өмүрбек Бөлтүрүковдун оюнда саясий кырдаал мындан ары дагы курчуйт:

- Абалдын курчуганы курчуган. Ага жараша президенттик шайлоонун октябрда эмес, андан эрте болушу ыктымал.

Бирок, ырасмий бийлик өзүнө тагылып жаткан айыптоолорду негизсиз деп, шайлоонун акыйкат, демократиялуу өтүшүнө кызыкдар экенин билдирүүдө.

Мындай билдирүү менен 23-февраль күнү кечинде улуттук телеберүү аркылуу Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов, Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков түз эфир аркылуу чыгышты.

ЖАЛАЛАБАТТАГЫ ЖӨӨ ЖҮРҮШ АКАЕВ МЕНЕН ИМАНБАЕВДИН ОТСТАВКАСЫН ТАЛАП КЫЛДЫ

23-февралда Жалалабат шаарында өткөн жөө жүрүштүн катышуучулары президент Аcкар Акаевди жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевди отставкага кетүүнү талап кылышты. Элдин пикиринде мамлекеттик массалык маалымат каражаттары окуяларды бурмалап чагылдырып жатышат.

«Аскар Акаев «МСН» газетасынан колуңду тарт!», «Бийлик кысым көрсөтүүлөрүн токтотсун!», «КТР менен ЖТР эл алдында жооп берсин!» деген плакаттарды кармаган атуулдар жөө жүрүштү Барпы атындагы кыргыз театрынын алдынан башташты. Андан кийин облустук бийлик имаратынын алдында митинг өткөрүштү.

Митингдин катышуучусу Анаркан Багышова шайлоонун жүрүшүндөгү адилеттүүлүктүн жоктугуна нааразы:

- Мен адилеттүү шайлоо өтүшүн каалайм. Биздин кыргыз элине мындай шайлоонун кереги жок. Бизде адилеттүүлүк деген калбай калды, азыркы бийликке биз ишенбейбиз.

«Эл үчүн реформа, Аскар Акаевге отставка» кыймылынын лидерлеринин бири Медер Үсөнов шайлоонун адилет өтөөрүнө ишенбейт:

- Чыгам деген адамдарга тоскоолдуктар болууда. Ошондуктан биздин азыркы шайлоого ишеничибиз жок, таза өтөөрүнө үмүт аз.

Жамгыр төгүп атканына карабастан жөө жүрүшчүлөр Жалалабат мэриясына чейин барышты. Алар президент Аскар Акаев жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевди кызматтан кетүүгө чакырышты.

Губернатордун орунбасары Бактыяр Салиев мамлекет башчысынын отставкага кетишине негиз жок деген ойдо:

- Аскар Акаевди кетсин деген пикирге эч кандай негиз жок. Бакиев Курманбек Салиевичти дагы, Жусуп Салиевичти дагы баарыбыз сыйлайбыз. Аскар Акаев экөөнү тең мыкты кадр кылып өстүргөн.

«Жаңы Кыргызстан» партиясынын өкүлү Ашым Чатаев мамлекеттик сыналгы Жусупбек Бакиев жөнүндө берген маалыматын айыптады:

- Бакиевдер болбогон нерселерди, акчаларды жасады деп атышат. Кимдир бирөөлөр компьютерден акчаны жасай алган болсо, баары жасап албайт беле. Болбогон шылтоону Бакиевдердин бетине шыбап атат. ЖТР элге жалган маалымат бергени үчүн нааразычылыгымды билдирем. Элдин алдында жооп берсин.

Шайлоочу Акмат Бакиев №25 Караүңкүр шайлоо аймагындагы тоскоолдуктар жөнүндө мындай деди:

- Губернатордун орун басары мажбурлап атат, бизге капа болбогула деп келип атышат. Губернатордун орун басарынын, Базаркоргон акиминин үгүтөөгө акысы жок болчу. Базаркоргондо, Караүңкүрдө электр жарыгын атайын өчүрүп, туура эмес тоскоолдуктарды кылып атышат. Бул эмне таза шайлообу? Кана Аскар Акаевдин айткан таза шайлоосу?

Губернатор Жусупбек Шарипов журналисттерге шайлоо убагында ырасмий бийлик тараптан эчкандай мыйзам бузуулар жок деген оюн айтты. Анын айтымында, бийлик өкүлдөрү адилет жана таза шайлоого шарт түзүү аракетин гана көрүп жатат.

Губернатор митингдин катышуучуларына №30 Жалалабад участкалык шайлоо комиссиясындагы кырдаалды териштирип, 24-февралда боло турган митингде жообун берээрин убада кылды.

«БЕТМЕ-БЕТ»: «МСН» ГЕЗИТИ ЖАНА ПРЕЗИДЕНТ

Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кадырлуу угармандар! Жакында Кыргыз телевидениеси аркылуу Аскар Акаев элге кайрылуу менен чыгып, анда «МСН» гезитин сотко берээрин эскертип, ошондой эле өзүн ушул басылмадан коргоп калуусун өтүнгөн. Эксперттердин талдоосуна караганда мындай кайрылуу менен чыккан мамлекеттик башчысы эч жерде болбоптур. Бул кайрылуудан соң Мамлекет катчы КТР аркылуу өзү атайын берүү уюштуруп мындай басылма үчүн өлкөдө орун болбош керекк деген таризде айтып чыкты. Мына ушул маселе "Азаттыктын" «Бетме-бет» уктуруусунда кеңири талкууга алынган. Анда микрофондо берүүнүн автору Кыяс Молдокасымов.

КОЧКОРДОГУ ПИКЕТЧИЛЕР КАН ЖОЛДУ ДАЛЕ БУУП ТУРУШАТ

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун тургундары райондук соттун чечимине карата нааразылык акциясын 23-февралда да улантышты. Пикетчилер өз талаптары аткарылмайын артка кайтпай тургандыгын билдирип жатышат. Алар бууп алган кан жолдогу айдоочулар ичээрге суу жана тамак- аш жоктугун айтышууда.

23-февралда Кочкордо талапкерлер Акылбек Жапаров жана Бейшен Болотбековдун беш миңге чукул шайлоочулары пикетте турушту.

Кочкор районунун акими Тариэл Айтбаевди пикетчилер "дубандын губернатору менен сот келмейинче коё бербейбиз" деп кармап турушат. Аким Тариэл Айтбаев талапкерлердин алынып салынышын же кайра калыбына келтирилишин сот гана чечээрин айтты:

- Сот чечимине талапкерлер нааразы болуп атышат. Талапкерлердин өз күйөрмандары бар. Баары мыйзам чегинде болуш керек. Жогорку сотко кайрылыш керек, бүтүмүн көрүш керек.

Пикетчилер губернатор менен акимдин кызматтан кетишин плакаттарды көтөрүп турушту. Нааразылык акциянын катышуучулары бул талабын акимдин өзүнө да айтышты:

- Сен аким эмессиң айтып коёюн. Сен эл менен болсоң аким болмоксуң. Биз эки талапкердин талабы аткарылмайынча турабыз. Сотуң, губернатор,өзүң баш болуп кеткин бул жерден.

Кочкордогу пикетчилер кан жолду бууп алгандыктан көп эл ара жолдо калышты. Бишкекке көмүр тартып бара жаткан шопурлар суу, тамак-аш жоктугун айтышты:

- Атым Ыдырыс. Токмоктон келаткам. Алтынчы күн болду, төрт күн ал жакта, эки күн бул жерде жатабыз. Суу жок, тамак жок, ачка жатабыз.

Ары-бери өткөн жолоочулардын айласы кандай болот деген сурообузга пикетчилерден мындайча жооп алдык:

- Эл бүгүнкү күнү ушуга айласыз мажбур болуп атат. Анткени биринчи митинг менен он миңге жакын киши акимияттын алдына барды.Соттун чечими жокко чыгарылсын дагы, депутаттыкка талапкер болгон Жапаровдун, Байтерековдун, Болотбековдун кандидатуралары кайрадан шайлоого кирсин деген талапты коюшту. Аким эч кандай чара колдонбогондуктан эл айласыз ушуга мажбур болду. Эл муну оюн кылып койгон жок.

Чогулгандар Аксы окуясы кайталанып кетпесин, кокус кайталанса анүчүн жергиликтүү бийлик күнөөлүү болот деп жатышты.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын кырдаалга баамы мындайча:

- Аксы окуясы эл тарабынан кайталанбайт. Аксынын эли бүгүнкү күндөгү Кочкордун элиндей болушуп эле өздөрүнүн укугун коргогону гана чыккан эл болчу. Ал эми Аксы окуясында бийлик өзү милициялардын, солдаттардын колу менен куралды берип аттырып койду. Ошондон Аксы окуясы чыкты. Кочкордун элинин колунда таш да, таяк да жок экен. Булар тынч гана укугун коргогон эл. Ошондуктан булар бирөөгө таш ыргыталы, же болбосо күч колдонолу деген ою жок.

Сот аркылуу шайлоодон четтетилип калган талапкерлер Акылбек Жапаров жана Бейшен Болотбековдор Жогорку сотко кайрылыш үчүн Бишкекке келишкен.

КОЧКОРДОГУ ПИКЕТ, «КИМ КӨБҮРӨӨК ДЕМОКРАТ» ЖАНА НАЗАРБАЕВ

Кочкор районунда Жогорку Кеңешке эки талапкердин шайлоодон четтелишине байланыштуу митинг өттү. Бул тууралуу макала «Трибуна» жана «Газета. kg» интернет- басылмасында орун алды. Өткөн аптада казак президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан Борбор Азия өлкөлөрүнүн кошуунун түзүү сунушу ар кыл пикирлерди жаратууда. Бул тууралуу макалага «Заман Кыргызстан» гезити орун берди.

22-февралда Кочкордо Бишкек-Торугарт жолу тосулуп, нааразы шайлоочулардын көчөгө чыгышы туурасында макала 23-февралда чыккан “Трибуна ” гезитинде орун алды. Макалага ылайык, митингде 3 миңдей адам чогулган жана алардын койгон талаптары - аталган райондон Жогорку Кеңешке депутаттыкка ат салышып жаткан Акылбек Жапаров менен Бейшенбек Болотбековдун сот өкүмү аркылуу шайлоодон четтетилиши болду.

Автордун пикиринде, ар бир эле талапкер элге көмүр, ун азык-түлүктөрду таратып жатат . Бирок, эмнегедир айрымдарын гана шайлоодон четтетилип жатканы кызык көрүнүш.

Ушул эле темада «Газета.kg» интернет –басылмасы жазды. Анда Кочкор,Тоң, Түп жана Бакайата райондорунда болуп өткөн митингддер тууралуу сөз болду.

Интернет-басылманын ушул эле санында Ташкенттеги өкмөтчүл маалымат агенттик жарыялаган Аскар Акаев тууралуу макалага орун берди. Макалада Кыргызстанда акыркы убакта базарларда жардыруулар , буйрутма киши өлтүрүүлөр болуп жатса, Кыргызстандын президенти Аскар Акаев баш болуп ким көбүүрөөк «демократ» деген териштирүүгө берилип кетишти деген пикир айтылган.

"ZAMAN Кыргызстан" газетасы өзүнүн 25-февралда чыга турган санында Кыргызстандагы пахта тармагынынын абалы жана келечеги туурасындагы
макалага орун берди. Автор "Пахтачылыктын баркы кетеби?" деген материалында айыл чарбасында азыр пахтачылык өзүн-өзү актабаган тармакка айланып, улам арзандап бара жаткандыгын жазат.

"Күзүндө терим учурунда Кыргызстан жакка Өзбекстандан күнүнө 3-4 миңдей мандикерчи-пахтачылар өтүп келип, алар биздин талааларда он
сааттай иштеп атышты. Ошончо убакта бир адам 80-100 кг пахта терет, ар бир килосу үчүн 50-70 тыйын төлөнөт. Бул да аларды канааттандырды, ал
эми Өзбекстанда ушундай эле жумушка 4-5 сум (15-20 сом) берилет.

Ушул жагынан алып караганда кыргыз пахтачылары бир топ эле утушка жетиш керек эле. Бирок, тамеки сыяктуу эле пахтанын наркынын төмөн түшүп кетиши баш оорутууда. Ушинтип отурсак, мамлекеттик эн белгибиз болгон гимнден ак пахтаны алып, анын ордуна төөбуурчакты же гозопаяны тартабызбы деп ойлоп кетесиң..." деп аяктайт автор макаласын.

Өткөн аптада казак президенти Нурсултан Назарбаевдин тарабынан Борбор Азия өлкөлөрүнүн кошуунун түзүү сунушу ар кыл пикирлерди
жаратууда.

"Албетте, карапайым элге биргелешкен кошуунду түзүү пайда гана алып келет. Анткени аларды чек ара жана бажы маселеси абдан кыйнап бүттү. Кыргызстанды эле алалы, өзбек менен казак
чек араларынан өтүү үчүн кандай кемсинүүгө дуушар болушууда. Бирок айрым белгилүү саясатчылар, мурдагы тышкы иштер министрлердин мындай союздун түзүлүшүнө көздөрү жетпейт" деп жазат Бурул Бобуева "Борбор Азия бириге алабы?" деген макаласында.

ЭРКИН БАСМА ҮЙҮ ЭКИ КҮН ЖАРЫКСЫЗ КАЛДЫ

Эки күн бою Бишкектеги эл аралык басма үйү караңгыда отурду. Маселе 23-февраль күнү кечке жуук басма үйү кубаттуу генераторлорду коюп, кысталыш жагдайдан чыгуунун амалына өткөндөн кийин гана чечилди.

Президент А.Акаев Борбор Азияда биринчи ирет ачылып аткан эларалык басма үйү Кыргызстанда сөз эркиндиги бекем орун-очок алгандыгын таасын көрсөткөн жөрөлгө экенин «МСН» гезитин сотко бере тургандыгын жарыя кылган кайрылуусунда атайын белгилеген:

- Кыргызстан Борбордук Азиянын эркин жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоонун америкалык борборун кубаттуу басмаканасы менен кошо ачууга уруксат берген бирден-бир өлкө.

Мамлекет ээлигиндеги басмаканадан эркин гезит чыгаруунун түйшүгүн жакшы билген «Республика» басылмасыныны башкы редактору Замира Сыдыкова эл аралык эркин басмаканага электр кубатын бербей коюунун артында саясий кызыкчылык турат деген пикирде:

- «Учкунда» баспай токтотуп коюунун көп жолдору бар болчу. Анан жаңы америкалык басмакана ачылып атканда, биз аларга бир нерсени байкап көрүүсүн айткан болчубуз. Фаза болобу же өзүнчө генератор болобу, ошону коюу аракетин жасагыла десек, алар ошондон бери созуп-созуп отуруп ушул акыбалга алып келишти.

Мамлекет башчысы сотко берээрин жарыя кылган «МСН» гезитинин кабарчысы Замир Өсөров да ушундай ойдо:

- 26 басылма чыгалбай калды. Чынын айтсам, мындайды бийликтен эч ким күткөн эмес. Өз элинен да бийлик ушунчалык коркот экенин эч ким ойлогон эмес.

“Freedom House” уюмунун Эл аралык эркин басмаканасынын директору Андрей Миясаровдун маалымдашынча, ишкана электр подстанциясын орнотуп, аны ишке киргизүүгө уруксат алуу өтүнүчү менен өкмөткө караштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агенттикке келишим түзүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган.

- Жаңы подстанция аркылуу электр энергиясын алып туруу үчүн келишим түзүшүбүз керек эле. Буга чейин эски подстанция аркылуу электр энергиясын алып турганбыз,- дейт Андрей Миясаров.

Анын ырасташынча, жаңы орнотулган жабдуулар ишке даяр экенин атайын техникалык эксперттер аныктап, бүтүмүн чыгарып беришкен.

- Бул жерде техникалык себеп дегени тек шылтоо гана деп айта алам. Атайын инспектор келип биз орноткон жабдуулар ишке даяр экенин аныктап кеткен. Аны көтөрүп алып электр энергиясын туташтырууга уруксат берген жетекчиликке барсак, жооптуу кызматкер келишимге кол койбой койду,- деп айтты Андрей Миясаров.

Эки күнгө созулган караңгылык 23-февраль күнү кечинде гана чечилээри анык болду.

«ЖЕҢИШ ЭСТАФЕТАСЫ» ӨЛКӨНҮ АРАЛАП КЕТТИ

23- февралда Жеңиш аянтында Улуу Атамекендик согуштун жеңишинин 60 жылдыгына карата салтанат болду. Анда бүтүндөй өлкөнү кучагына алган эстафеталык жүрүшкө старт берилди.

Жеңиш аянтына Улуу атамекендик согуштун ардагерлери, тылда эмгек кылгандар, аскер кызматкерлери, студенттер жана шаардын коомчулугунун өкүлдөрү чогулушту.

Премьер- министр Николай Танаев, Бишкек шаарынын мэри Медет Керимкулов , өлкөнүн коргоо министри Эсен Топоев баштаган ардагерлер Улуу Атамекендик согушта курман болгондорду эскерип, “Түбөлүк отко” гүл коюшту.

Жеңиштин 60 жылдыгына арналган ардагерлердин жана спортчулардын эстафеталык жүрүшүнүн демилгечиси, Советтер Союзунун баатыры, генерал Дайыр Асанов мындай деди:

- Эстафета бул Улуу ата мекендик согуштун 60 жылдык юбилейине арналат. Улуу ата мекендик согуштун катышуучуларын тылда эмгектенгендер жана спортчулар коштоп барышат. Эстафета бүгүн Токмок шаарына жеткирилет.

Эстафетаны Чүй облусуна тапшыруу үчүн Улуу атамекендик согуштун катышуучулары Самыйбек Эгембердиев, Василий Галкин баштаган ардагерлер жана спортчулар Токмок шаарын көздөй сапар алышты.

Эстафеталык жүрүштүн коштоп бараткан белгилүү жөө күлүк, Москва олимпиадасынын коло байге ээси Сатымкул Жуманазаров мындай деди:

- Мындай эстафеталык жүрүш мурда болгон эмес. Атамекенди сүйүүгө, ардагерлерге таазим кылууга таасири бар. 60 жылдыкка карата бардык облустарды аралап чыгат.

Жеңиштин 60 жылдыгына карата эстафета өлкөнүн бардык аймагын кучагына алып, ар бир айыл, райондун аймагындагы согуштун ардагерлеринин катышуусунда митинг, акциялар өткөрүлүп, спорттук иш- чаралар менен коштолот.

Бишкектен башталган эстафеталык жүрүштү Токмок шаарына баштап бараткан Улуу атамекендик согуштун ардагери Самыйбек Эгембердиев мындай деди:

- Согушта курман болгон мекендештердин урматына ”Жеңишке 60 жыл” деген желекти алып баратабыз. Биз үчүн чоң сыймык. Бүгүн эстафетаны Чүй облусуна тапшырабыз. Андан ары Ысыккөлгө, ал жактан Таласка, анан башка облустарга барабыз.

Эстафета өлкөнүн бардык облустарын аралап, Баткен облусунда соңуна чыгып, 9- Май күнү башкалаадагы Жеңиш аянтына кайтып келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG