Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 27-январь, 2020 Бишкек убактысы 12:56

Кыргызстан

“ОППОЗИЦИЯ ЖЫЛУУ ҮЙДӨ ЫСЫК ЧАЙ ИЧИП ЭЛЕ ОТУРБАЙБЫ”, БИР ВАГОН ДЕМИЛГЕЛЕР ЖАНА «ТАЗА КЫРГЫЗСТАН»

Президент Аскар Акаев «Таза Кыргызстан» программасын сунуш кылды. Парламент шайлоо алдында оппозиция өкмөттүк гезиттердин ур-тепкисинде калды. Мамлекет башчынын жыл кур эмес сунуш кылып аткан жаңы идея, программалары эмнеликтен ишке ашпайт? Кыргыз гезиттеринде ушул өңүттөгү маселелер басымдуулук кылды.

Кыргызстанды жаңылоонун кыска мөөнөттүү программасы, демилгенин ээси президент Аскар Акаевдин курултайда сүйлөгөн сөзү шейшембидеги өкмөттүк гезиттерде толугу менен басылды. «Программада күчтүү идеялар камтылган» деп белгилейт «Кыргыз туусу» гезити. «Эркинтоо» гезити болсо «ийгиликке эл күбө» деп жазып чыкты.

Азыркы бийлик каршылаштарынын жасап аткан иш-аракеттери «Эркинтоо» гезитинде Сымбат Максутованын, Жапарали Осмонкуловдун, Шерназар Шүкүровдун макалаларында сындалды.

Оппозиция «тынчтыкты кааласа үйүндө эле ысык чай ичип тынч отурушпайбы? Көзгө көрүнүп калган адамдардын көчөгө чыгып, элди да аргасыз азгырып, ошол эле күнү филармонияда өтүп жаткан 5-курултайда президент, эл өзү какшап айтып аткан сөздөрдү, коогалаң чыгып кетпесин, коопсуздукту сактайлы деген пикирлерди кайталап айта берүүнүн кажети барбы?” деп суроо коет Жапарали Осмонкулов.

«Соңку кездери газетабызда айтылган айрым сындарыбызга теригип, чычалагандар чыгып жатат. Ормон опузага салып, телефондон жоон сүйлөгөндөр да бар” деп жазышат «Кыргыз туусунда» Б.Алыкулов менен А.Сарманбетов. Эки автордун маалыматына ынансак, гезит ормон опузачылардын атын атоону чечиптир. «Эми ар бир телефонго үн жаздыргыч коштук, опузачылардын оозунан не чыкса аты-жөнү менен ачык жазалы деп чечтик. Кечирип чыдоонун да чеги болот».

Студент жаштар да бийлик каршылаштарынын аракетин жактырбастыгын белгилеп, А.Сарманбетов «Көчө оюндарын жектейбиз!» деген кабарында минтип жазат: «Оппозициялык кыймылдардын, алардын лидерлеринин Бишкектин аянттарында, көчөлөрүндө дүрбөп, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн бүтүндөй эл-журтту дүрбөтүүгө, бийлик менен ата-эне, бир тууган калктын ортосун алыстатып, каршы коюуга умутулуп жатышын кескин айыптап, аларга катуу чараларды көрүп, бекем тартип орнотуу тилектерин билдиришти».

«Слово Кыргызстана» гезити шейшембидеги санында Кыргызстандын Тышкы иштер министри А.Айтматовдун маегин жарыялады. «Эгер элге өзү тандоо мүмкүнчүлүгүн берип, эркине койсок, калк «баркыт» сценарийлерин ойнотуп аткан оппозициялык саясатчылардын артынан ээрчибейт, алардын ураанын колдоп, бийлик алмашуусун талап кылып көчөгө агылып чыкпайт» дейт Аскар Айтматов.

Анын ырасташынча, шайлоону атаандаштыктын, калыстыктын чегинде өткөрүү үчүн ичара ымалага келүүгө бийликтин да, оппозициянын да мойну жар бербейт.

27-февралда мыйзам чыгаруу бийлигине депутаттыкка жарабаган адамдардан арбын шайлап алышыбыз ыктымал деп белгилейт шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезитинде Эльвира Темир. Анын оюнча, шайлоочулардын куру сөзгө алданып калган учурлары арбын болбодубу.

«Улуттук идеялардан жол тийбейт. Президент иши жүрүшпөй, айласы кете баштаганда эле жаңы идеяны таап чыга коет. Орус тилдүүлөр жабылып бул жерден кетип атышканда «Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз» чакырыгы чыккан. Аксылыктар атылгандан кийин «Кыргызстан – адам укугунун өлкөсү» идеологиялык көрсөтмөсү пайда болгон», деп жазат Рина Приживойт шейшембидеги «МСН» гезитинде.

Автордун пикиринде, бу Кыргызстанга Конституция менен мыйзамдардын түк кереги жок. Аларды А.Акаевдин апыл-тапыл программалары менен концепциялары эле алмаштырып келатат. Аткарылбас программалар ишке ашып атканын маалымдап, өкмөт каадалуу отчетун тапшыруудан тажай элек. Өкмөт отчетуна ишенсек, 75 000 үй-бүлө турмушун оңдоп алыптыр.

«Мен бу кезде байыган бир гана үй-бүлөнү билем. Ага жаккан, кызматы аркылуу майталканга жеткен дагы бир миңдей үй-бүлө бар. Баарысы миң бир үй-бүлө болот экен. Калган 74 миң байды көргөн-билген киши барбы?» деп суроо коет макала автору. “Чогулта келсе А.Акаевде мындай демократиялык демилгелердин бир вагондук запасы бар” деп жазат Рина Приживойт.

КЫРГЫЗСТАН - КАЗАКСТАН: СУУ МАСЕЛЕСИ КУРЧ БОЙДОН

Казакстандын энергоресурстар жана минералдык суулар боюнча министри Владимир Школьник баштаган делегациясы дүйшөмбүдө Бишкекке шашылыш келген. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда суу-кубат режимин сактоо жөнүндөгү протоколго бүгүн (7-февралда) кол коюлду. Бирок айрым байкоочулар муну менен эки өлкө ортосундагы суу чатагына чекит коюлган жок дешет.

Делегация менен адегенде биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев баштаган топ сүйлөштү. Сүйлөшүү алдында Казакстандын отун ресурстар жана минерал суулары боюнча министри Владимир Школьниктин билдиргенге караганда, делегациянын шашылып келишине Казакстандын Шардара суу сактагычындагы суунун ашып-ташыганы башкы себеп болду:

- Биздин шашылып жана тез келишибизге суунун буга чейин болуп көрбөгөндөй көп болуп кетиши түрткү берди. Азыр Шардара суу сактагычына куюп жаткан суунун көлөмү секундасына бир жарым миң кубметрге жетип жатат. Аны Өзбекстандын Арнасай куймасына жибере албагандыгыбыз жана аба ырайынын өтө суук болуп жаткандыгы кошумча болуп,акыбалды кыйындатып жатат. Сырдарьянын Кызылордонун жогор жагындагы суусу тоңуп калды. Кечээки эсеп боюнча тоңгон суунун узундугу 300 чакырымга жетти. Азыр суу сактагычтын айланасындагы айылдарды суу каптап баратат жана чоң суу каптоо коркунучу жогору болуп турат.

Казакстандын министри Школьниктин айтымында, Шардара суу сактагычындагы суунун көлөмү суткасына 60 миллион куб метрге көбөйүп жатат. Учурда көлөмү 4 миллиард 700 миллион куб метр болуп турган суунун 13-февралга чейин 5 миллиардга жетип, айлананы каптап кетиши толук мүмкүн.

Кыргызстандын биринчи вице-премьер министри Кубанычбек Жумалиев баштаган тарап менен алгачкы сүйлөшүү жабык эшик артында өтүп, ал бир саатча созулду. Бирок, эки тарап бир пикирге келе албай маселени чечүү жолун аныктоо түшкө чейин эки өлкөнүн эксперттерине тапшырылды.

Сүйлөшүүдөн кийин Казакстандын энергоресурстар министри Владимир Школьниктин билдиргенге караганда, казак тарап Токтогул суу сактагычынан Казакстанга кетип жаткан суунун көлөмүн былтыр май жана сентябрь айларында эки өлкө кол койгон макулдашууларда көрсөтүлгөн көлөмгө чейин түшүрүүнү сунуш кылды:

- Менин оюмча, бул жерде маселени чечүүнүн жаңы жолун издештин кажети жок. Болгону өткөн жылдын май айында кол коюлган макулдашууну жана 14-сентябрда кабылданган протоколду аткаруу керек.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда былтыр кол коюлган макулдашуулар боюнча, кыргыз тарап Токтогул суу сактагычынан секундасына кеткен суунун көлөмүн 600 куб метрден ашырбашы керек. Азыр электр энергиясына муктаждык жогорулап, аны көп өндүрүүдөн улам секундасына 700 куб метр суу кетип жатат.

Владимир Школьниктин айтымында, кыргыз тарап суунун көлөмүн азайтуу үчүн көмүр, газ жана мазут берүүнү өтүнгөн.

Көмүрдү каалашынча сатып алсо болот деген Школьник Казакстан газдан жардам бере албасын, себеби Өзбекстандан Казакстанга Кыргызстан аркылуу кетип жаткан газды уруксатсыз алып жагуудан эле Кыргызстан 13 миллион 700 миң доллар карыз болгондугун жарыя кылды.

Андан соң делегация менен премьер-министр Николай Танаев,биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев сүйлөштү. Анын аягында эки өлкөнүн ортосунда суу-энергетикалык режимди сактоо жөнүндөгү протоколго кол коюлду. Бирок, протоколдо камтылган милдеттер тууралуу азырынча толук маалымат бериле элек.

Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын суу ресурстар илим изилдөө институтунун директору, академик Дүйшөн Маматкановдун айтымында, маселени толук чечүү үчүн кыргыз тарап Токтогул суу сактагычын иштетүүгө кеткен чыгымды толтурууну коңшулардан талап кылуусу зарыл:

- Биз жыл сайын Токтогул суу сактагычы үчүн 150 миллион доллар сарптайбыз. Эгерде Өзбекстан менен Казакстан жылына 150 миллион доллар берип турса, биз ошого көмүр, газ жана мазут алат элек. Керектүү отун алгандан кийин биз алардын каалашы боюнча суу жиберип турат элек. Ошондо маселе чечилип, тигилер да, биз дагы тынчыйт элек.

Дүйшөн Мамыткановдун баамында, кыргыз тарап коңшуларды чыгымды төлөөнү экономикалык жактан негиздеп, ынандырышы керек:

- Биздикилер маселени негиздеп, механизмин тактап бере албай жатат. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөрдүн баары жөн гана мамлекеттик кызматкерлер же суу тармагында иштеген адистер. Суу боюнча чыныгы адистер жок, алар маселени экономикалык жактан мыкты негиздер бергенде казак тарап акыр ынанат эле.

ТОО ЖЫЛЫ – ОЙ ЖЫЛЫ, КИЙИНКИСИ «ТАЗА» ЖЫЛ

Президент Аскар Акаев Кыргызстан элинин 5-курултайында «Таза Кыргызстан» деген жаңы программаны сунуш кылган. Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов мамлекет башчынын беш бөлүктөн турган бул программасын ишке ашыруу зарылдыгын айтып, 7-февралда маалымат жыйынын өткөрдү.

Президент Аскар Акаевдин чоң талкууга түшкөн бул программасынын бирден бир максаты бюджетке көз карандылардын айлыгын жогорулатуу экен. Бул идеясын мамлекет башчынын өз оозунан угуп, анан кепти уласак:

- Муну менен биз ушул жылдын аягына чейин пенсия менен жөлөкпулдарды, бюджеттен акча алчулардын маянасын жогорулатышыбыз зарыл. Мен аны 30дан 50% чейин көтөрүүнү сунуш кылам,- деп айтты президент А.Акаев.

Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов дүйшөмбүдө “мындай күчтүү идеяны эми ишке ашыруу милдети турат” деп билдирди. Анын ырасташынча, президент А.Акаевдин беш бөлүктөн турган «Таза Кыргызстан» программасы ишке ашчу болсо, социалдык тармакка дагы кошумча 1 миллиард 300 миллион сом кошулат.

Кыргыз өкмөтү бул каражатты «көмүскө экономиканы» коңулдан чыгарып, салык чогултуу жумушун бекем тартипке салуунун эсебинен табууну көздөөдө.

Жаңы программанын шайлоого байланышкан бөлүгүн Осмонакун Ибраимов момундайча мүнөздөдү:

- Кыргызстан демократиялык мамлекет болгондон кийин бизде да бийлик деген бар. Бийликти күн сайын сындап, шыкактап турган оппозиция деген бар. Пресса деген бар, эркин пресса. Таза шайлоо өткөрүш үчүн колдон келгендин, келбегендин да баарын жасадык, мындайча айтканда. Мынакей, колго сыя сыйпагандан баштап, бул эми, мындай нерсе, колго сыя сыйпоо Чыгыш дегенде, мындай нерсе Африкага жарашат эле, ошого карабастан, жанагы сөздөн алыс бололу, сындан алыс бололу деп буга да макул болдук.

Президент Аскар Акаевдин демилгеси менен былтыр абийирдүү башкаруу боюнча улуттук кеңеш түзүлгөн. “Таза Кыргызстан” ишке кирсе абийирдүү башкаруу улуттук кеңеши кандай максатты аркалап калат? Юридика академиясынын президенти Чолпонкул Арабаевдин пикиринде, мамлекеттик бийликтин жоопкерчилигин күчөтүүгө басым жасалат:

- Социалдык контракт болгондо аткаруу бийлигиндеги, жалпы эле мамлекеттик бийликтегилердин жоопкерчилигин күчөтүү деген маселе башкы орунга чыгат.

Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бейшебек Акунов президенттин жаңы идея жана демилгелери башында дурус башталып, бара- бара унутулуп калат деген пикирде.

- Карылык жылы, жаштык жылы, тоо жылы, ой жылы, ай, деги эмне деген гана жыл болгон жок! Ошол жылдардагы милдеттер ар жылда аткарылдыбы? Ал сөз бойдон калды. Баракелде акыйкат жылына! Мына, былтыр акыйкаттык комиссиясын башкарган Н.Танаев өзү 100 миң долларды чөнтөгүнө сала коюп, анысы кийин билинип калып «кусуп» берди. Таза жыл болот деп атышат. Суу таза, тиги таза, бу таза болот деп айтып атпайбы жанагы программада, эми аны көрө жатарбыз.

КЫРГЫЗ- ӨЗБЕК КОНСУЛДАРЫ ЖОЛУГУШТУ. КАТТАМДАР ЖЕҢИЛДЕЙБИ?

Айданбек Акмат уулу, Бишкеk Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрликтеринин консулдук кызматтары өткөн айдын соңунда Ташкентте жолугушуп, бир катар маселелер боюнча кеңеш жүргүзүшкөн. Ал жыйынга Кыргызстан тараптан тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Эрик Апсатаров катышкан. 7-февралда Апсатаров мырза журналисттерге Ташкенттеги жолугушуу жөнүндө маалымат берди.

Эрик Апсатаровдун айтымында, эки тараптын консулдук кызматтары эки өлкөнүн атуулдарынын өз ара катташуусун жеңилдетүү маселесин сүйлөшүшкөн.

Бул үчүн беш күн визасыз жүрүүгө укук берген эки мамлекеттин чектеш райондорунун санын көбөйтүү жагы каралган. Кыргыз тараптан андай райондордун катарына Лейлек жана Баткен райондорун кошуу сунушталган. Буга чейин андай аймактар катарына Кыргызстандан Ош жана Жалалабад облустарындагы бир катар райондор киргизилген эле. Атуулдардын каттамдарын жеңилдетүү максатында жасала турган дагы бир кадам тууралуу Эркин Апсатаров муну айтты:

- Чек арага жакын райондордо жашаган атуулдарга консулдук кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында тараптар Кыргызстандын консулдук кызматын Анжиянда, ал эми Өзбекстандыкын Ош шаарында ачуу зарылдыгын белгилеп, аны чечүүнү жетекчиликке тапшырууну макулдашты.

Эки тарап атуулдуктан чыгуу жана кабыл алуу иштерин жеңилдетүү багытында да пикир алышкан. Кыргыз тарап аны ишке ашыруу үчүн жакын арада Ташкентке “Атуулдукту жөнөкөйлөтүлгөн түрдө кабыл алуу”, “Көчүү жараянын жеңилдетүү жана көчкөндөрдүн укугун коргоо жөнүндө” эки тараптуу келишимдин долбоорун жолдомокчу.

Кыргызстандын миграция департаментинин башчысынын орун басары Болот Сарыгуловдун пикиринде, өзбекстандык кыргыздардын тарыхый мекенине көчүп келүүсүнө өзбек бийлиги тарабынан тоскоолдуктар жасалган учурлар жок эмес:

- Өзбекстандан биздин мекендештер мыйзамсыз жолдор аркылуу көчүп келүүгө аргасыз болууда. Анткени мыйзамдуу жол менен келүү кыйын. Ал үчүн атуулдуктан чыгыш керек. Андан чыгууга расмий бийлик тарабынан ар кандай тоскоолдуктар коюлат. Андан сырткары көчүп кетүүнү каалаган адамдардын мүлкүн сатып албоо боюнча жашыруун иштер жүргүзүлөт. Натыйжада көчүп келүүнү каалаган мекендештерибиз өмүр бою топтогон мүлкүн таштап кетүүгө, анын айынан жаңы конушта өтө оор кыйынчылыктарга дуушар болууга аргасыз болууда.

Ырасмий маалымат боюнча, Өзбекстанда 370 миңден ашуун кыргыз жашайт. Болот Сарыгуловдун айтымында, ар кандай шарттарга байланыштуу өз улутун өзгөртүп, өзбек болуп жазылып алгандарды кошкондо ал жактагы кыргыздардын саны жарым миллионго жетет.

КУРУЛТАЙ, ШАЙЛООНУН “ЧЫР БУЛУТУ” ЖАНА ЧАЛАКАЙЫМ КӨРНӨКТӨР

8- февралдагы “Агым” гезити парламенттик шайлоого аттанган айрым талапкерлердин үгүт өнөктүгүндөгү мыйзам бузуулары тууралуу жазды. Ал эми “ Аалам” басылмасы 5- февралда Жеңиш аянтында эмес гүл саткан дүкөндүн жанында болгон митинг тууралуу макалага орун берди.

8- февралдагы “ Агым” гезитинде кабарчы Мамат Сабыров “ПрезиденттиК администрация жетекчиси Тойчубек Касымовдун айтуусунда караганда, кээ бир чиновниктер жогортон көрсөтмө келгенин шылтоолоп, бюджеттегилерди үгүт иштерине тартып атыптыр. Бийликтин кадыр- баркына көлөкө түшүргөн мындай чиновниктерге сөзсүз чара көрүлөт деди президенттин администрация жетекчиси. Кайсыл сөзүңөргө ишенип, кайсы буйругуңарды аткаралы деген бирөө болгон жок” деп жазды.

Аталган гезиттин кабарчысы Жолдошбек Зарлыкбеков жаңы парламенттин 75 депутаттык оруну үчүн 427 талапкер атаандашка чыкканын жазып, “Борбордук шайлоо комиссиясына буга чейин тартип бузду деген 76 арыз түшкөн, БШК өкүлдөрү текшерип, бирок жыйынтык чыгара элек. Сот чечсин деген шылтоо бар. Чыр булуту эми дагы коюланчудай” деп маалымдап, шайлоодогу айрым талапкерлердин жоруктарын “Агым” гезитинде талдоого алат.

Ушул басылмада кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу катчысы Гүласина Каленова мындайча айтып берди.

- Кыргызстан элинин 5- курултайына сын көз- караштар, Нарын облусунун жаңы губернартору Шамшыбек Медетбеков менен маек, шопурларын өлтүрүп, машиналарын Ош тарапка саткан кылмыштуу топтун соту тууралуу макала, шайлоо процессинде кандай арыз- доолор, мыйзам бузуулар болуп жаткандагы жөнүндөгү макала чыкты.

8-февралдагы “Аалам” гезитинде өлкөнүн акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун “Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы парламенттик шайлоого байкоочу катары акыйкатчыларды кошпой жатышы шайлоонун адилет өтүшүнөн күмөн туудурат” деген кайрылуусун жарыялады.

Ушул басылмада кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу редактору Капар Токтошов мындайча айтып берди:

- 5- февралда Жеңиш аянтындагы митинг кандай өткөнүн баяндаган репортаж чыкты. Өлкөдө кийинки учурда көчөлөрдөгү көрнөк, жарнактардын орус жана чет тилдерде жазылышы, кыргыз тилиндеги көрнөктөрдүн келегей, чалакайым тилде одоно каталар менен жазылганы талдоого алынды.

7-февралдагы “Вечерний Бишкек” басылмасында кабарчы Вячеслав Аникин шаардагы кар тазалоочу машиналар жетишпей жатканын, тайгак жолго кум себүүчү, жол тазалоочу техниканын 70 пайызы эбак колдонуу мөөнөтү бүткөнүн, дагы 3-4 күн кар жааса, жолдо жүрүүгө мүмкүн болбой калаарын маалымдаган.

“Эркинтоо” гезити шейшембидеги санында Кыргызстан элинин 5- курултайы, анда сүйлөгөн президент Аскар Акаевдин сөзүн толугу менен жарыялады.

ПИКЕТ, МИТИНГ УЧУРУНДА ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ

«Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук уюму тарабынан «Пикет, митинг жана демонстрация учурундагы зомбулуктун алдын алуу» деп аталган семинар болуп өттү. Ага укук коргоочулар, атуулдук коомдун өкүлдөрү жана тартип коргоо кызматкерлери катышты. Бирок бул жыйындагы катуу талаштан кийин да атуулдук коом менен тартип коргоочулар бир пикирге келе алган жок.

Аталган семинар «Жарандардын тынч чогулууга болгон конституциялык укугун ишке ашырууда атуулдук коом, бийлик органдары жана тартип коргоо кызматкерлеринин биргелешип иш алып баруу аракеттери» деп аталган долбоордун алкагында болду.

«Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук уюмунун жетекчиси Рая Кадырованын айтымында, бул иш-чаранын максаты бийлик ээлери, милиция кызматкерлери жана атуулдук коом өкүлдөрү маңдай тескей отуруп, нааразылык акциялары убагында маселени тынчтык жолу менен чечүү боюнча пикир алышуу болчу. Бирок бул жыйынга ырасмий бийлик тараптан эч ким келген жок.

Пикет, митинг жана башка акциялар убагында тартип коргоо кызматкерлери тарабынан көрүлүүчү чаралар тууралуу катышуучулардын ортосунда түрдүү пикирлер жаралды. Бишкек шаардык ИИБ жетекчисинин орун басары Петр Тяблиндин айтымында, соңку жыйырма жыл ичинде башкалаада мыйзамсыз акцияларды өткөргөндүгү үчүн 11 гана адам административдик жазага тартылган, ал эми милиция кызматкерлери тарабынан эч кандай зомбулук болгон эмес:

- Биринчиден, бул жылдардын ичинде эч ким милиция кызматкерлеринин үстүнөн кандайдыр бир туура эмес чара колдонду же зомбулук көрсөттү деп сот органдарына кайрылган эмес. Милиция кызматкерлери мыйзамдын чегинде гана иш алып барышат.

ИИМдин илим изилдөө борборунун кызматкери Азиз Момункуловдун айтуусунда, учурда тартип сактоо кызматкерлерин пикет, митинг жана башка нааразылык акцияларынын катышуучулары менен кандай иш алып баруу боюнча окутуу иштери жүрүп жатат:

- Биздин борбор тарабынан милиция кызматкерлерин нааразылык акциялары болгон учурда күч колдонбой маселени чечүү жана атуулдардын тынчтыгын коргоо тууралуу бир топ сунуштар даярдалган. Учурда Бишкектеги милиция кызматкерлеринен тартып, жер-жерлердеги ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине чейин бардыгы окуп жатышат.

«Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук уюмунун жетекчиси Рая Кадырованын айтымында, зомбулук деген сөздү күч колдонуу катары гана түшүнбөш керек:


- Биздин тартип коргоочулар зомбулук дегенде жалаң гана уруп-сабап, түрмөгө камоону түшүнүп жатышат. Анын ичинде психологиялык жана моралдык зомбулук деген да бар. Себеби биздин милиционерлер пикет, митингдердин катышуучуларын үйлөрүнө чейин барып, изилдеп, ал тургай кызматта иштеген туугандары аркылуу коркутуу, үркүтүү иштерин жасап жатышат. Ал эми студенттерди кайсы окуу жайында окуганын тактап, окуу жайдын жетекчилигине билдиребиз деп психологиялык басым жасашат. Мына ушунун баары зомбулук болуп саналат.

2004-жылы 14-октябрда Конституциялык сот тарабынан баш мыйзамдагы тынч чогулуу, пикет, митингдерди өткөрүүдөгү атуулдардын укугу тууралуу бири-бирине каршы келген беренелер алынып салынып, атуулдарга тынч чогулуу жана башка акцияларды өткөрүүдө кенен укук берилгени белгилүү. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова бул багытта оюн билдирди:

- Атуулдардын эркин чогулуп, тынч жыйындарды, пикет, митингдерди өткөрүшүнө жол берилгени менен бийлик ар кандай жол менен дагы деле болсо буга бут тосуп келүүдө. Мисалы, жакында эле Бишкек шаардык кеңеши тарабынан мындай жыйындарды өткөрүү тартиби тууралуу токтом кабыл алынды. Ага ылайык бийликке он күн мурун маалымдоо керек жана Горький багына гана өткөрүлүшү керек, мурунку акыбалга кайра келип калдык.

Катышуучулар бул маселе боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Жыйындын атуулдук коом, бийлик органдары жана милиция биргелешип аймактык координациялык кеңеш түзүү максаты ишке ашкан жок.

АРХЕОЛОГ КУБАТ ТАБАЛДИЕВ АКШда ИЛИМИЙ САПАРДА

Кыргыздын жаш болсо да таанымал археолог илимпозу Кубат Табалдиев ушул тапта АКШнын Индиана университетинде төрт айлык илимий сапарда жүрөт. Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун төрага орун басары, Кыргыз-Түрк Манас Университетинин жана Кыргыз-Америкалык Борбордук Азиялык университеттин доценти Кубат Табалдиев менен кесиптешибиз Тынчтыкбек Чоротегин бүгүн (дүйшөмбүдө) телефон аркылуу маек курду. Оболу Кубат мырза өзүнүн Кошмо Штаттардагы сапарынын чоо-жайына мындайча токтолду:

ОППОЗИЦИЯ МЕНЕН БИЙЛИКТИН ТИРЕШҮҮСҮНӨН ҮЧҮНЧҮ КҮЧ УТАБЫ?

Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Кыргыз коомчулугунда бийлик менен оппозициянын тирешүүсүнөн үчүнчү күчтөр, мисалы, диний экстремисттик уюмдар пайдаланып кетиши ыктымал деген тынчсыздануулар айтылып келет. Кыргызстанда «экстремисттик уюм» катары ырасмий түрдө таанылган «Хизб-ут-тахрир» саясий партиясынын Жалалабат облусундагы өкүлдөрү өлкөдөгү кырдаалды азыркы саясий элита оңдой аларына ишенишпейт.Бийлик өкүлдөрү болсо өлкө коопсуздугу ишенимдүү колдо деп эсептешет.

Жалалабат облусунун коомчулугун шайлоо учурундагы калк арасындагы ынтымак менен бейпилдик маселеси ойлонтууда. Бийлик өкүлдөрү жана өкмөттүк маалымат каражаттары оппозицияны элге мокочодой көрсөтүп, оппозициячыл саясатчылар болсо бийликти күнөөлөп, ортодогу кармашуудан үчүнчү күч, же оозеки үгүт иштерин күчөтүп жаткан диний экстремисттик уюмдар пайдаланып кетпейби деген чочулоо бар.

«Экстремисттик» деп таанылган «Хизб-ут Тахрир» жашыруун партиясы өз тарабына ислам динин жайылтуу шылтоосу аркылуу билимсиз жаштар менен аялдарды тартууда:

- Он алты жаштан баштап кырк жашка чейинки жаштар. Акыркы жылдары биздин аймакта аял кишилердин ушул партияга өтүп кетип жаткан фактылар болууда. Бул партиянын катарына өтүп кеткендерди анализдеп көрсөк жалаң колунда жок, сабаты жок адамдар экен, - деди облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлү Исабек Мырзажанов.

Ырасмий катталбаган бул партиянын мүчөсү Абдракман Жолчиев азыркы саясатчылардын өлкөнү туура жолго баштаарына көзү жетпейт:

- Туура иш кылып атам деп ойлойт, бирок адам түшүнүгүнө карап жашайт экен. Адам эч качан түшүнүгүнө каршы жашай албайт. Саясатчылар ушул жашоону оңдойм деп аракет кылат, бирок оңдой албастыгын мен билем

Облустук бийликтин бөлүм башчысы Кадыр Бечеловдун маалыматы боюнча, облуста ар кандай экстремисттик топторго каршы коопсуздук штабы түзүлгөн:

- Укук коргоо органдары, күч органдары, ошондой эле коомчулук бул боюнча тыгыз байланышта иш алып барып атышат. Диний кызматкерлер да ушул боюнча катуу жардамдарды берип, «Хизб-ут Тахрирге» каршы көп иштерди жүргүзүлүп атат -

«Аскар Акаевге - отставка, эл үчүн – реформа» кыймылынын облустагы жетекчиси Медер Үсөновдун оюнча, «бийлик менен оппозициянын тирешүүсүнөн үчүнчү күч утушка жетет деген ой бийликтегилерден чыгып атат:

- Бул сөзгө ишенбейм. Бул дагы эле ошол бийликтин өзүнүн жүргүзүп аткан саясаты. Эч кандай саясий, бийликке кызыккан диний экстремисттик уюмдар жок. Мисалы, «Хизб-ут Тахрирди» айтып атышат, бул философиялык жагынан ислам өнүккөндө эле өзүнөн өзү жок болуп кете турган уюм. Мен мындай жалган ушактарга ишенбейм. Диний экстремисттер эч качан биздин бийликке умтулбайт, аракет дагы кылбайт, колунан да келбейт.

Белгилүү укук коргоочу Абдымамбет Кадырбеков бийлик менен оппозицияны биримдикке чакырды:

- Оппозиция менен бийлик бирин бири жамандабай, ынтымакка келбесе, ортодо үчүнчү күчтөр, мисалы, диний экстремисттер кырдаалдан пайдаланып, өз максаттарын турмушка ашырып кетиши мүмкүн. Ошондуктан мен кайрылам, бийлик менен оппозицияны ынтымакка чакырам.

КЫРГЫЗ КӨЧҮ: ЖУСУП МАМАЙ

Азиза Турдуева, Бишкек «Кыргыз көчү» аттуу түрмөгүбүздүн кезектеги чыгарылышында сөз Жусуп Мамайдын манасчылык өнөрү жөнүндө болмокчу. Ушул тапта Кытайдын Шинжаң аймагындагы Кызылсуу кыргыз облусунда жашаган залкар манасчынын талантына, өмүр жолуна кайрылабыз.

Кытайда жашаган кыргыздарда таланттуу манасчылар арбын чыккан. Бирок, алардын ичинде Жусуп Мамай Манастын жетинчи урпагына чейин айткандыгы менен айырмаланат. Ал Манастын Семетей менен Сейтектен кийинки Кененим, Сейит, Асылбача-Бекбача, Сомбилек жана Чигетей аттуу урпактарынын баатырдыктарын жомок кылып айтат.

Болочок манасчы 1918-жылы Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунун Акчий районуна караштуу Карабулак айылынын Мергеч кыштагынын Атжайлоо деген жеринде туулган. Ал Какшаалдагы чериктердин Кызыл тукум уруусунан.

Жусуптун атасы Мамай бардар, оокаты тың адамдардын бири болгон. Мамай аксакал Мекеге барып, Ажы да болуп келген. Жусуп Мамай кичинекейинен эле зирек, зээндүү болуп чоңойгон. Атасы Мамай аны алты жашында эле айылдагы Ыстам Кожо аттуу молдонун колуна кат үйрөтүүгө берет. Жусуп бат эле кат таанып, китеп окууга жетишкен.

Анын агасы Балбай ошол мезгилде Кытайдагы кыргыздардын арасында «Манас» эпосун жыйноо, дастандын ар кандай варианттарын топтоо иштери менен алектенген саналуу гана манас таануучулардын бири болгон. Жусуп Мамай эпосту Балбай Мамайдын топтогон материалдары боюнча үйрөнгөн:

- Балбай агам экөөбүз бир ата, бир энеденбиз. Мен ал 21ге чыкканда туулган экенмин. Балбай агам 6-7 жашында молдого окуп, кат тааныган. Ал «Манасты» андан- мындан сурап, дастанды үйрөнүп, жазып, топтоп жүргөн. 1916-жылдагы үркүн мезгилинде бул жакка Кыргызстандан Саякбай, Сагымбайлар да келген. Ошол арада Кытайга келген «Манасты» билемин деген киши канча болсо, эрикпей ошолордун баарынын артынан жүрүп, кара сөз менен болсо да жазып алган. Бул жактагы чоң манасчылардын айтуусунда да жазган. Мен ошол агамдын жазгандары боюнча «Манасты» үйрөнгөнмүн .

Манасчынын айтымында, аны атасы молдого берип жатканда Балбай анын молдолукка үйрөнүшүнө каршы болгон. Анткени, ал зирек өсүп келе жаткан Жусуптун манасчы болушуна тымызын үмүт байлап калган эле. Ошондуктан, Балбай Жусупту кийинчерээк молдолук окуусунан чыгарып алып, «Манастын» өзү жыйнаган варианттарын ырааты менен үйрөтө баштайт. Жусуп Балбай берген «Манастын» кол жазмаларын окуп, үйрөнүүгө жан дили менен киришет.

Жайдын ысык күнү болобу, кыштын кычыраган түнү болобу, Жусуп шамчыракты коюп алып, эпосту кунт койуу менен окуп, окуялар анын көңүлүндө жатталып кала баштайт. Атасы Мамай менен энеси Бурул да кенжетайын олтургузуп алып, «Манасты» окутууну жакшы көрүшөөр эле. Болочок манасчы менен чогуу бир үйдө чоңойгон ага-инилеринин айтымында, үй ичиндеги башка жумуштарды аткарууга Жусуп кыйыктанып турчу.

Алгач, Балбай инисин дастандагы башкы кейипкерлер менен тааныштырып, айрым окуяларды жаттата баштаган. Ошону менен бирге, Балбай эпосту айтуунун чеберчилигине, ыкмаларына үйрөткөн. Бул жөнүндө Жусуп Мамай мындай дейт:

- Мен «Манасты» айта баштаганда эле, агам дыкат кыла турган нерселерге көңүлүмдү бура баштаган. Ал «Манасты» айтып жатканда, башка нерселерди айтып, кошуп жибербе, азаптуу окуяларды айтканда муңдуу үн менен айт, эркектерге келгенде эркекке ылайык, аялдарга келгенде аялга ылайык абал менен айтып жүр деген сыяктуу таалимин берген эле .

Манасчынын айтымында, ал «Манасты» жатка айтууну 10 жылга жакын убакытта үйрөнгөн.

Жусуп Мамай «Манасты» эл алдында дароо эле айтып чыккан эмес. Ага атасы «жашың 40кка жеткенче, «Манасты» эл алдында айтпай тур» деген керээзин айткан экен. Бирок, Жусуп буулугуп, «Манастын» саптары оюнан кетпей койгон учурларда эч ким жок ээн талаага барып, буркан-шаркан болуп, дастанды айтып, көксөөсүн басып алчу.

Кытайлык манас таануучу Нооруз Үсөнаалы Жусуп Мамайдын башка манасчылардан болгон айырмачылыгы жөнүндө мындай дейт:

- Менин пикиримде, Жусуп Мамайдын манасчылыгынын бир өзгөчөлүгү – «Манастын» кийинки урпактарын кошуп айткандыгында. Башка манасчылар «Манас», «Семетей», «Сейтекти» эле айтышат эмеспи. Экинчиси – ал өзү сөзмөр, акындыгы бар болгондугу үчүн жөндөмдүүлүгүнө жараша эпостун чөлкөмүн кеңейтип айткандыгы. Ошондой эле көркөмдүк жагынан «Манасты» башка манасчыларга салыштырмалуу бир кыйла жогору айтат .

БАБУР ЖАНА АНЫН ДООРУ

Ар бир доордун өзүнө шайкеш өзгөчөлүгү болот эмеспи. Ошол доорго жараша мамлекет башкарган ишмерлер чыгат. Мына ушундай чыгаан инсандардын бири Захир ад-дин Мухаммад Бабур болгон. Анын бабалары монгол элинен башат алып, түп аталары айтылуу Амир Тимур болгон.

Бабурдун теги кадимки монгол урууларынан башталат. Ай- ааламга атагы тараган Чынгызхан монгол колун баштап, ошол убакыттагы тарых барактарындагы дүйнөнүн үчтөн бирин басып алган.

Чынгыз хандын көзү өткөндөн кийин Монгол мамлекети бөлүнүп, өкүмдардын мураскерлери өлкөнү өз алдынча ээликтерге ажыратып кетишкен. Алсак, Орто Азия аймагын Чынгыз хандын экинчи уулу Чагатай ээлеп, анын ысмы менен 14-кылымдын башталышындагы Чагатай мамлекети орнойт.

Жазма даректерге караганда, Закир ад-дин Мухаммад Бабур мусулман жыл эсеби боюнча 888-жылдын мухаррам айында, азыркы жыл эсеби боюнча 1483-жылдын февраль айында жарык дүйнөгө келген. Бабурдун түздөн-түз бабасы - кадимки Амир Тимур. Мусулман жазма маалыматтарына ылайык, Амир Тимурдун төрт баласы болгон. Алардын улуусу – Жахангир Гиясаддин-Пир-Мухаммад, экинчиси – Магазаддин Омар-шейх, үчүнчүсү – Имраншах Жахаддин, төртүнчүсү – Шахрух Магазаддин.

Амир Тимурдун үчүнчү баласы Имраншах Жахаддинден – Султанахмед, андан – Омаршейх, андан Бабур жарык дүйнөгө келген. Бабурдун көп кырдуу таланты анын кынтыксыз ата тегинен да билинет. Ал жалаң эле Тимур баласы эмес, айтылуу саясатчы, илимпоз Улугбек анын аталаш тууганы болгон.

Бабурдун балалык чагы Аксы менен Анжыян шаарларында өткөн. Эс тартып, эресеге жетилүүсү жалаң саясат эле эмес, акылын алга сүрөгөн илим-билимге аралаш жүрдү. Бабурдун атасы Омаршейх өз мезгили үчүн мыкты билим алган адам болгон. Замандаштарынын эскерүүсү боюнча, ал «Шахнамени» жана санжыра китептерди колунан түшүрбөй окучу экен.

Бабур да атасынын жолун жолдоп Омаршейхтин ордосунан мыкты билим алат. Омаршейх Анжыян шаарына билимдүү адамдар менен акындарды алдырып, баласы Бабурдун акыл дүйнөсүнө сүңгүп киришине жолдомо берген. Атасынын көзү өткөндө Бабур болгону 12 жашка толгон экен.

Ордо адамдары Бабурду жаш экенине карабастан Фергана өрөөнүнүн башчылыгына көтөрүшөт. Ошол убакта Фергана менен Самарканддын бийлик үчүн тирешүүсү күчөп, мындай кырдаал балтыр эти толо элек баладан иш билги изгиликти талап кылган. Ал үчүн Бабур «мен да бийлик эгесимин» деп чиренип туруп албастан, акыл калчап, ой токтотуп калган саясатчылардай Самарканд башкаруучусуна мындай деп кат жазат:

- Бу аймакка Сиздин кызматкериңиз коюлушу керек. Мен Сиздин кызматкериңиз да, балаңыздагымын. Эгер ушул кызматты мага ишенип тапшырсаңыз, анда бул азыркы кырдаал үчүн жеңил да, мыкты да чечим болмок.

12 жашаар баланын мындай акылына, саясатчылык жөндөмүнө айран таң калган Султан Ахмад мырза Фергана менен тынчтык келишим түзүп, чындыгы Бабурдун мындагы бийлигин таанып Самаркандга жөнөп кетет.

Замандаштарынын айтымында, Бабур өзүнө талапты ашыра койгон, акыл жана билимди жогору баалаган адам болгон. Айрыкча акылмандар менен маектешкенди сүйүп, алардын деңгээлине жетиш үчүн бекинип алып китеп окуп, баягы акылман менен кайрадан кездешчү экен. Бабур түрк жана перс тилдеринде эркин сүйлөй да, жаза да билген.

ЭЛ ЫРЧЫСЫ ЭСТЕБЕС

«Талант тагдыры» аттуу түрмөгүбүздүн бүгүнкү чыгарылышынын мейманы - эл артисти, айтылуу төкмө акын Эстебес Турсуналиев. Анын ар тараптуу, көп жактуу шайырдын ырчы-аткаруучулук чеберчилиги баарлашууну сунуш кылабыз.

«Эл ырчысы Эстебес» аталган ак таңдай төкмө акын, Кыргызстандын, Казакстандын, СССРдин эл артисти, Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Эстебес Турсуналиев бармактай бала кезинен залкар төкмөлөр Калык, Осмонкул, Алымкул, Ысмайыл, Шабданбайдын, улуу комузчулар Карамолдо, Ыбырай, Чалагыздын, алп манасчылар Саякбай, Молдобасан, Шапактын, айтылуу обончулар Муса, Жумамүдүн, Бектемирдин чөйрөсүнө аралашат. Эстебес алардан нөшөрлөнтө төккөн төкмөчүлүктү, таңшыта черткен комузчулукту,күпүлдөтө айткан манасчылыкты, оболото созгон обончулукту үйрөнөт.

Узак жылдар бою шайырлар менен бирге иштешип, бирге жүрөт, таалим-тарбия алат. Шайырлардын ырларын ырдап, күүлөрүн чертет, дастандарын айтат. Ушундан улам Эстебести замандаштары «Улуу муундагы шайырлардын адамдык асыл сапатарын, кыял-жоруктарын, кулк мүнөздөрүн, кеп-келечтерин, чыгармаларын билүү жагынан өзүнчө эле бир жактан жандуу «энциклопедия» дешет.

Эстебес филармонияда бирге иштешкен кичи жана улуу муундагы кесиптештеринин сырларын, чыгармаларын, кала берсе Токтогул, Эсенаман, Коргоол, Барпы, Жеңижоктун жана башкалардын абадий-музыкалык мурастарын беш колундай билет. Эстебестин ар тараптуу, көп жактуу айрыкча ырчы-аткаруучулук шыгынын жанышына белгилүү акын Райкан Шүкүрбеков түрткү болгон бирден-бир устатынан болот.

- Эстеке, эл ичинде сиздин бүгүнкүдөй ак таңдай төкмө акын эле эмес, айтылуу ырчы-аткаруучуулук жаркын шыгыңыздын жалбырттай жана тутанышына бирден-бир себепчи болгон, атайын «Жинду суу», «Жер жөнүндө терме», «Кыз жигит» аттуу ырларды жазып аларга обондорун таап, тандап ырдаткан саяпкери Райкан болгон деген кептер байма-бай айтылып келет. Сиздин ошол ырчы-аткаруучуулк чыгармачылыгыңздын ажарын ачкан «Кыз - жигит» аттуу көлөмдүү алым сабак ыр кандайча жазылып,кандайча аткарылды эле? Ошондон угармандарга кеп салып берсеңиз?

- 1958-жылы Москвага декадага жөнөдүк. Поездде кетип баратканда аксакалдар комузду чертип, «Манастан» айтып баратышат. Бир кезде Алыкем (Алымкул) «Гүлгаакы» аттуу дастанды ырдап калды. Ракем «Ой, Эстебес азыркы ырдалган обондорду, чертилген күүлөрдү көңүлүңө түйүп койчу. Москвадан келгенден кийин сүйлөшөлү» деп калды. Ракем «Эмгек Кызыл Туу» ордени менен сыйланды. Москвадан келдик. Ракем анда «Ой, Эстебес баягы «Гүлгаакынын» обонунда «Кыз- жигит» деген ыр жазалы» деди. Күнүгө саат 9да Ракем мени үйүнө чакырат. Мен келем. Чоң сандыктай болгон «Маракс» деген магнитофону бар. Аны иштетип коёт. Ракем бир куплет ыр жаза, анан мени чакырат. Айтканындай ырдайм. Эми өзүң билесиң «Кыз- жигитке» Айдараалынын, Токтогулдун, Коргоолдун, Сооронбектин күүлөрү, «Гүлгаакынын» жана башка обондору пайдаланылды. Кыскасы «Кыз- жигитти» үч ай дегенде жазып бүттүк. Дубана Маашүрүптүн атын Жаныбек, Гүлгаакынын атын Гүлбайра дедик. Окуяны Таластын токойунда өткөрдүк.

- Эстеке, кечиресиз. Сөзүңүз оозуңузда. «Кыз- жигитти» кыргыз радиосунун алтын казынасына качан, кандай шартта жаздырдыңыз эле?

- Раке «Кыз жигитти» унута электе радиого жаздырып коюну сунуштап калды. Макул болдум. Кыргыз радиосунун студиясына бардык. «Кыз- жигиттин» ыры 32 барак эле. Мен өзүмдү-өзүм мактабайын барактардын баарын килемдин үстүнө катары менен жайып, туфлийимди чечип, байпакчан кыдырып ырдамак болдум. Ракем студиянын терезесинен карап отурду. Ошондо ар бир обонду, күүнү бурай салып, кыдырып жүрүп «Кыз- жигитти» ырдап бүттүм. Тасмага жазып бүткөндөн кийин Ракем угалы деп калды. «Кыз жигитти» уктук. Ракем мага ушунчалык ыраазы болду. Ракем радионун редакторунан кайсы күнү берилерин деп сурап калды. Редактор «19- майда саат 5те беребиз» деди. Айтылган күнү радиодон «Кыз- жигит» кетти. Эл жакшы кабыл алды. Ошентип, менин көзүмдү ачкан, атагымды чыгарган Ракем болду. Ракемдин атагын чыгарган мен болдум. Райканды айтып отурса, «кыйкырган менен кыңк этпейт, кыймылдатса былк этпейт» дегендей акын да, драматург да, сатирик жана акылман айкөл адам эле.

- Эми, Эстеке, угармандарга ак боз ат минген отуз жаш курагыңызда ырдап чыккан «Кыз- жигиттен» үзүндү аткарып берсеңиз?

- Жаныбек деген жигит айылынан кыз жактырбай бир күнү Таластын токоюн аралап келе жатса, алдынан суу көтөргөн сулуу кыз чыга калат. Көрөрү менен эле алиги кыз көзүнө кандайдыр ысык көрүнөт. Жигиттин жүрөгүн толкутат. Өмүрүндө көрбөгөн кыздын өзүнө жакындыгы бардай сезилет. Унчукпай кете берейин дейт, кеткиси келбейт. Кандайдыр бир күч жигитти жибербейт. Туруп калышат бири-бирин карап, жигиттен кыз, кыздан жигит уялат. Кызыл-тазыл жайдын гүлү, ар түркүн куштун үнү, эң эле уяң көрүнөт жигитке – алиги кыздын түрү. Бардык көрүнүш Жаныбекке орток, Жаныбек кыз кетип калбай эле деп коркот. «Кетем» десе, кантип токтотот? Мына ошол жомок. Жаныбек эки жагын карап, койнунан комузун алат. Кызды сынамакка Атайдын «Кыз кербезин» чалат. Чертип караса, кыз күлүп коёт, анан жигитке карап, кыз мындай дейт:

Жакшы комузчу тактап чертет,
Өз устатын мактап чертет,
Жаман комузчу аттап чертет,
Өзүн-өзү жактап чертет.

Жакшыдан өлбөс өрнөк деген,
Өлбөгөн бирин-бири көрмөк деген,
Жакшы нерсе өлбөйт деген,
Азыр сизге – Токтогулдун «Чоң кербезин» чертип берем,
Мынчалык асылып калдыңыз,
Керек намыс жеңсең бетимди өпкүн,
Жеңилсең сенделбей кеткин – деп кыздын Токтогулдун «Чоң кербезин» кайрып турган жери:

Кулак салып угуптур,
Атадан калган күү ушул,
Албан түркүн, акыл сөз,
Айтып өткөн Токтогул,
Ээрчип чыккан артынан,
Атактуу Калык, Алымкул,
Ашыккан калар уятка,
Абайла,жигит, сабыр кыл,
Бар болсо, жигит, өнөрүң,
Өнөрүңдү көрөмүн,
Кыз бүткөндүн бардыгы
Мени сүйөт дебегин
Кезегиңди беремин,
Кекетип жатат дебегин.

Жигит, кыздын оңой эмес экендигин байкайт, чечинен башын чайкайт. Жеңин кайра түрөт. Жигит ырга кирет.

Кадимки Айдаралынын обонуна салат. Кыз турат карап:

Э-э, сулуу карындаш,
Адам болбос жаңылбас,
Тааныбасты сыйлабас,
Нары баспай, бери бас,
О, кайран жаш, кайран жаш.

Э-э, сулуу карындаш,
Эркектерге таң калба,
Көкүлүңдү көкөлөт,
Көкүрөктө жан барда,
Жамандардан алыс жүр,
Айтып бүткүс арманда,
Түшүнөрсүң сулуу кыз,
Кетпейин эми тереңдеп.

Кыз сүйбөсө кээ бирөө
Коркутат өлөм деп
Айланабыз калың эл,
Үстүң асман, астың жер.
Кууп жүргөн эч ким жок,
Кубаныч менен жашай бер,
Бекерге кетпейт эч качан,
Маңдайдан аккан кара тер,
Эси жокто ээленип,
Эптеп-септеп жетем дээр,
Жеңил эмес жан сактоо,
Терең-терең ойлой көр.

АДИЛЕТ ШАЙЛООНУ ТАЛАП КЫЛГАН МИТИНГ ЖАНА ЖӨӨ ЖҮРҮШ ӨТТҮ

5-февралда Бишкектин Жеңиш аянтынын жанында парламенттик шайлоонун адилет өтүшүн талап кылган митинг болду. Ага саясий партия, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана башкалаага жакын райондордон келген 350дөн ашуун адам катышты. Жыйын 30дан ашуун коомдук уюм, саясий партия жана бейөкмөт уюмдардан турган «Жарандык тилектештик» бирикмесинин демилгеси менен өттү.

Митингди Жеңиш аянтында өткөрүү өтүнүчү Бишкектин Свердлов райондук акимчилигине 25-январда берилген. Бирок, 5- февралда эртең мененки саат жети жарымдан тарта 200гө жакын милиционер казкатар тизилип Жеңиш аянтынын төрт тарабын тосуп турушту. Ал жерде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын, акимчиликтин жетекчилери да болушту.

Саат онго жакын Жеңиш аянтына Чек ара кызматынын жоокерлери алынып келип, музыканын коштоосу менен түшкө чейин машыгышты. Чек ара кызматынын атын атагысы келбеген кызматкеринин айтымында, алар советтик жоокерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүн эскерүү үчүн 15-февралда өткөрүлө турган салтанатка даярдык көрүү үчүн машыгышты.

Жеңиш аянтына митинг өткөрүү үчүн келген атуулдар аянтка өткөрүлгөн жок. Ушундан улам алар Жеңиш аянтынын маңдайындагы гүл саткан дүкөндүн жанына чогулуп, митингди ошол жерде өткөрүштү.

Парламенттик шайлоонун адилет өткөрүү максаты менен түзүлгөн жаштардын «Келкел» бирикмесинин жүзгө чукул өкүлү сары түстөгү матага «Ойгон, ойлон!», «Кыргызстандын келечеги элдин колунда», «Биздин жүрөк өзгөрүүнү самап жатат» деген талаптар жазылган транспаранттарды көтөрүп, Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин жөө жүрүш жасашты.

Митингдин ачылышында сөз сүйлөгөн «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов коомдук тартипти митингге чогулгандар эмес, Жеңиш аянтын милиционер менен чек арачыларга эртелеп тостуртуп койгон бийлик бузуп жаткандыгын белгиледи:

- Биз бүгүн милицияга же бийликке каршы жыйналып жаткан жерибиз жок. Биз Конституцияга ылайык Свердлов райондук администрациясына атайын билдирүү жибергенбиз. Ошондуктан, бүгүнкү митинг Конституцияга ылайык толугу менен мыйзам чегинде өтүп жатат. Ал парламенттик шайлоону адилет өткөрүү талабына арналган.

Эдил Байсалов митингге Кыргызстандагы бардык саясий партиялардын, коомдук уюмдардын жана бийликтин өкүлдөрү чакырылгандыгын жана алар митингде өз оюн айткысы келсе сөз берилээрин жарыя кылды.

Митингде сөз сүйлөгөндөр «азыркы бийлик парламенттик шайлоонун адилет өтүшүн камсыздаган жери жок, бийлик парламентке өзүнө ыңгайлуу адамдардын келишин каалап жатат» деп билдиришип, президенттин талапкер болуп жаткан үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары үчүн эмес, элди эл үчүн кызмат кылууну каалаган атуулдарга добуш берүүгө чакырышты.

«Улут ордо» коомдук бирикмесинин кеңешинин жетекчиси Чолпонбек Абыкеев минтип кайрылды:

- Кагылайын эл-журт! Ушул парламенттик шайлоодо эң башкысы- мыйзамды сактайлы. Экинчиден, ушул жерде тургандардын бардыгы бүткүл кыргыз элине кайрылалы. Анткени, кыргыз элинин келечеги үчүн күрөшкөн, элди ойлогон, кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн күрөшкөн азаматтарыбызды шайлап алуу зарыл. Антпесек дагы канча жылга чейин ушинтип кор болуп жүрө беребиз, дагы канча жылга чейин ушундай мыйзам бузуулар боло берет.Кээ бирөөнүн акчасына, кээ бирөө берген бир бөтөлкө арагына алданып кетпейли. Биздин митингдин максаты мына ушуларды элге жеткирүү болчу.

«Кыргызстан элдик кыймылынын» төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова элди биримдикке чакырды:

- Илгери Осмонаалы Сыдыков деген улуу тарыхчыбыз кыргыз эли баш көтөрүп, мамлекетин түзүү алдында «Эй, жаран, ач көзүңдү, жалдырап жаткан уят» деп айткан экен. Азыр бизге ушундай убакыт келди. Бирөөнүн оозун тиктеп, ириген ооздон чыккан чириген сөздөрдү угуп алып жатыш уят. Азыр биз чоң сыноодон өтүп жатабыз. Элибиз жеңилип, бийликке коррупция келсе, эл эмес өз чөнтөгүн ойлогон күч келсе, анда элибиздин шору. Анда элибиздин жери, салты, генофонду жоголот. Баарыңарга кайрылабыз, сатылбагыла, ойлонгула, адилет шайлоого өзүңөрдүн кошумчаңарды кошкула!

Митингге катышуу үчүн алыскы райондордон келген атуулдардын көбү Жеңиш аянтына өтө албай артка кайтышкан. Ага Балыкчы шаарынан келген келген атуулдун төмөнкү пикири күбө:

- Мен Балыкчыдан келдим. Атым Сайрабүбү Бекбоева. Биз митинг болорун укканбыз,ошон үчүн бул жерде эркиндикти, демократияны жактаган эл бийликке карата өз оюн кенен айта турган митинг болот го деп келсек, туш-туш тарабынын баарын тор менен тордогонсуп, милициялар менен тосуп тордоп коюптур. Далай кишилер өтө албай артка кайтып жатышат. Муну бийликтин элден корккону деп кабыл алам, башка эч кандай баалоого болбойт.

Митинг жүрүп жатканда коалициянын башчысы Эдил Байсалов да, МАИнин кызматкерлери да машина менен ары-бери жүрүп, жолдо жүрүү эрежесин бузбоого элди чакырып жатышты. Бирок, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев автожолдо жүрүү эрежесин бузгандыгы үчүн митингдин уюштуруучуларын административдик жазага тартууга негиз бар деп билдирди:

- Алар адегенде жолду тосуп алып, транспорттун жүрүшүнө тоскоол болушпадыбы. Албетте,мында административдик укук тартибин бузгандык бар.

Тартип коргоо органдары митинг өткөн жердеги гүл саткан дүкөндүн сатуучуларынын арызы боюнча митингдин катышуучуларына каршы иш козголорун маалымдашты. Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, ага дүкөнчүлөрдүн арызы негиз болду:

-Дүкөнчүлөр «булар эмне үчүн дүкөндү тосуп алып кыйкырып, биздин ишибизге тоскоол болуп жатышат, биздин гүл сатып алуучуларыбызды коркутуп жатышат, силер эмне үчүн чара көрбөйсүңөр» деп бизге доомат коюп жатышат. Ошол боюнча биздин тиешелүү кызматкерлер текшерип жатышат .

Кеңешбек Дүйшөбаевдин билдирүүсү боюнча, Жеңиш аянтына митинг өткөрүүгө ардагерлердин талабы боюнча уруксат берилген эмес. Анын айтымында, «Жарандык тилектештик» бирикмеси чогулуш өткөрүүгө атайын бөлүнгөн Рыскулов көчөсүндөгү Горькийдин эстелиги турган аянтта митинг өткөрүүгө уруксат сурашса өтүнүчтөрү канааттандырылмак.

Бир жарым саатка созулган митинг резолюция кабыл алуу менен аяктады. Анда шайлоонун адилет өтүшүнө негиз болуучу бир катар талаптар менен президент Аскар Акаевдин дагы бир жолу президенттик шайлоого катышууга укугу жок экендиги белгиленди.

АСКАР АКАЕВ: “КЫРГЫЗСТАНДА ЫҢКЫЛАП БОЛБОЙТ”

5-февралда Бишкекте Кыргызстан элининин 5-курултайы өттү. Курултай социалдык мобилизация жана акыйкат башкаруу жылын жыйынтыктап, быйылкы социалдык туруктуулук жана турак- жай курууну өнүктүрүү жылынын багыттарын белгиледи. Курултайда учурдагы саясий кырдаалга баа берилип, оппозициянын аракеттери сынга алынды.

Курултайдын катышуучулары аталган маселелер боюнча президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов айткан ойлорду кубатташты.

Курултайда берилген маалыматка таянсак, Кыргызстанда акыркы жылдары экономика өнүгүп, калктын социалдык жагдайы жакшырды. Ушул деңгээлди жогорулатып, быйылкы жылы коомдо туруктуулукту сактоо башкы милдет экенин мамлекет башчысы өз сөзүндө белгиледи:

- Бул жыл ириде - шайлоо жылы. Бул жылы парламентке, президентке, айыл өкмөтүнө шайлоолор болот. Булардын баары өлкө тагдыры үчүн эң маанилүү. Иш жүзүндө биз сиздер менен бирге келечегибизди тандайбыз. Өлкө мындан ары кайсы жакты көздөй жылаары кандай парламентти, кандай президентти, кандай айыл өкмөт башчыларын шайларыбыздан көз каранды.

Президент Акаев “эгер парламентке кайрадан популизм, демагогия жана чыр-чатактан башканы ойлобогондор келсе, Кыргызстан карама-каршылыктардын базасына айланат” деп билдирди. Анын айтымында, ичтен жана тыштан жасалып жаткан ар кандай аракеттердин мизи кайтарылбаса, коомго экстремисттик күчтөрдүн коркунучтуу “сасыктумоолору” таркашына шарт түзүлөт.

- Ооба, Кыргызстанда эч кандай революция жана укмуштуу окуя болбойт, албетте. Ага эч кандай себеп жана шарт жок, -

Президент Акаев курултайдын катышуучуларын ар кандай олку-солкулуктарды жана тартипсиздикти жаратуучу жагдайларга каршы турууга чакырды.

Курултайда жарыш сөзгө чыккан делегаттардын көпчүлүгү оппозициялык күчтөрдү сынга алышты. Маселен, Ош шаарындагы «Максат» жамаатынын жетекчиси Калдар Эргешов оппозиция эл арасындагы ынтымакты ыдыратып атат деген ойдо:

- Элдин арасында оппозиция деп аталган топтор пайда болуп, булар элдин достугун, биримдигин, тынчтыгын бүлүндүрө баштай турган иштерди жасап атыптыр.

Талас облустук ардагердер кеңешинин башчысы Мүнүр Мамбеталиев элди дүрбөлөңгө салып аткандарды колдобой турганын билдирди:

- Шайлоонун шайтан оюну деп, элди дүрбөлөңгө түшүрүп, Украинадагы, Грузиядагы, Чеченстандагы балакеттерди бул жакта баштайбыз дегендерди колдобойм. Айта турган сөзүм жок, ошондой көчөгө чыгабыз деп аткандарга. Көчөгө туруп алып кыйкырып, сары чүпүрөк байлаган келиндерибизге, кыздарыбызга, шапкесин тетири кийген саясатчы сөрөйлөрүбүзгө айта турган сөз жок.

Курултайда оппозициянын өкүлдөрү болгон жок. Кийинчерээк Кыргызстан элдик кыймылынын төрага орун басары Ишенгүл Болжурова курултайга кыймылдан эч ким чакырылбаганын минтип билдирди:

- Жок, курултайга бизден эч ким чакырылган жок. Эгер чакырышса, биз бармакпыз. Бирок, бизден эмнегедир коркуп атышат. Коркуп аткандан кийин биз жакшы күч болсок керек.

Болжурованын пикиринде, бийлик сынга алып жаткандай, оппозиция коркунучтуу эмес, ал коомдо мыйзамдуулуктун сакталышын, адилет шайлоону жактап атат.

Курултайга байкоо салган эксперттердин бири Карыбек Байбосуновдун пикиринде, бийлик курултайга оппозицияны чакырганы оң болмок:

- Курултайды бийлик жеке эле өзү үчүн өткөрүш керек эмес. Жалпы элдик чара болгондон кийин буга оппозициянын өкүлдөрү да сөзсүз катышышы керек. Себеби, оппозициянын жактоочулары да эл арасында көп.

Анын айтымында, бийликти сынга алып келаткан тараптардын катышуусу курултайдын бир жактуулугуна жол бермек эмес.

ОШТО КУУГУНТУК ЖЕГЕН ФОРУМ ЖАНА ДЕМОКРАТИЯ ТАРТЫШТЫГЫ

Бакыт Аманбаев, Ош Ош шаарында «Кыргызстандагы демократиянын тартыштыгы жана анын себептери» деген темадагы атуулдук форум өттү. Форумда өлкөдөгү саясий кырдаалга баа берилип, парламенттик шайлоону адилет өткөрүүнүн жолдору талкууга алынды. Оштогу бул жыйынды аткаруу бийлигинин өкүлдөрү үзгүлтүккө учуратууга аракет жасашты.

Атуулдук форумга өлкөдөгү айрым саясий партия, бейөкмөт уюмдарынын, Ош, Жалалабад облустарындагы жана райондордогу өкүлдөрү, карапайым атуулдар жана Бишкектен чакырылган элге белгилүү саясатчылар келишти.

Форум күн мурунтадан белгиленген боюнча Ош облустук китепканасынын имаратында өткөрүлгөн жок. Форумдун уюштуруучулары китепкана жетекчилиги менен мындан үч күн илгери форумду өткөрүү боюнча ооз эки сүйлөшүшүп, акчасын төлөшкөн. Бирок 5-февралда китепкана жетекчилиги мурдагы убадаларынан кайтып, форум өтө турган залдын эшигине чоң кулпу салып, бекитип коюшту.

Жыйынга келген атуулдар эшиктеги сууктан качып, китепкананын экинчи кабатына чыга бериш тепкичке бир стол коюшуп жыйынды башташты. Аңгыча өзүн тааныштырбаган чоочун аял кыйкырып, столдун үстүндөгүлөрдүн баарын жерге чачып ыргытты.

Бейтааныш аял форумду уюштуруучуларынын бири, «Массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү жана журналисттердин укугун коргоо» бейөкмөт уюмунун лидери Алишер Токсонбаевди элдин көзүнчө бети-башка койгулап кирди. Көрсө бул аял Ош облустук китепканасынын директору Бактыгүл Мырзабаева экен.

Бактыгүл Мырзабаева форумдун катышуучуларын китепканага киргизгендиги үчүн аткаруу бийлигинин кысымы менен иштен айдалып жатам деп түшүндүрдү:

- Мен сен үчүн иштен кетип атам. Ачка балдарымды ким багат. Бул жерден кеткиле.

Жыйынга келгендер китепканадан чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Белгилей кетүүчү нерсе, атуулдук форумдун катышуучуларын бир нече тартип коргоо кызматтарынын өкүлдөрү ээрчип журүштү. Форумга элүүдөй адам келди.

Форумдун катышуучуларын Сузак чайханасы да киргизүүдөн баш тартты. Андан соң алар жөө Ош шаарын аралай «Ак жол» кафесине келишти.

Жыйынды «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бей өкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова ачты. Алгач сөз алган «Ата журт» кыймылынын төрайымы Роза Отунбаева соңку бир аптадан бери Өзгөн, Ноокен, Базаркоргон райондорун кыдыргандыгын айтып, парламенттик шайлоо алдындагы саясий кырдаалга токтолду.

Роза Отунбаева мамлекет башчы Аскар Акаев болочок парламентке өзүнүн баласын, кызын, туугандарын алып келүүгө аракет жасап, өлкөнүн Башмыйзамын өзгөртүүнү көздөп турат деген оюн ортого салды:

- Чынында Акаев эмитен эле президенттик кампанияны баштап алды. Азыркы парламентке кандай кишилерди чогултуп атат? Жалаң өзүнүн тегерегиндеги урук- туугандарын чогултуп атат, ошолор парламентке келсе жайдын ичинде конституцияны керектүү тарапта түздөп алышат да, кайра Акаев башка эшиктен кирип келет

Журналист Кадыр Кошалиев аткаруу бийлигинин бул атуулдук форумдун катышуучуларын куугунтукка алып жатканын мындайча баалады:

- Бул мыйзамга да, кыргыздын нарк- насилине да туура келбейт. Демек, бийлик бул жерде сөз болгондой, өзүн өзү барган сайын тамырын кыркып, өздөрү айтып аткандай, кеме улам барган сайын чөгүп бараткандыгынын белгиси бул

«Кыргызстан элдик кыймылынын» Карасуу райондук бөлүмүнүн төрагасы Самидин Айтыкулов Кыргызстандагы демократиянын тартыштыгы бийликтин элден корккондугунан болуп жаткандыгын айтып, карапайым элге өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл деген оюн ортого салды.

Андан соң сөз алган атуулдар Аскар Акаевди Оштун эли колдобой тургандыгын, мамлекеттик башчыны бийликте калтыруу боюнча кол чогултуу иш чаралары жогорку бийлик өкүлдөрү тарабынан болуп жатат деген ойлорун айтышты.

Аңгыча бул кафенин жетекчилери дагы улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан коркутуп-үркүтүүболуп жатканын билдирип, форумга келген атуулдардын ал жерден кетүүсүн талап кылышты. «Ак жол» кафесинен чыгарылгандан кийин Роза Отунбаева, Топчубек Тургуналиев жана форумду уюштурган «Атуулдук коом коррупияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүштү.

НИКОЛАЙ ТАНАЕВ КУРУЛТАЙДЫН МАКСАТЫ ЖӨНҮНДӨ

Кыргызстан калкынын 5-курултайынын катышуучулары менен жума күнү өкмөт башчысы Николай Танаев жолугушуу өткөргөн. Анда премьер-министр өлкө экономикасынын өнүгүп бараткандыгын жана 2003-жылдан берки болуп жаткан өсүүлөр тууралуу катышуучуларга маалымат берди.

Жoлугушуу Оштон жана Таластан келүүчү делегаттардын кечигип жаткандыгынан улам дээрлик бир саат кеч башталды. Жолугушууга курултайдын катышуучуларынан сырткары өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик кызматкерлер, облустук, шаардык администрациялардын жетекчилери жана акимдер катышты.

Премьер-министр Николай Танаев катышуучуларга курултайдын максаты жана мааниси тууралуу айтып, Кыргызстандын акыркы жылдардагы жетишкендиктери, экономикалык өнүгүүлөр тууралуу маалымат берди:

- Биз курултайдын мааниси тууралуу сөз кылганда анын улуттар аралык ынтымакты бекемдөөдө чоң мааниге ээ экендигин айтып келебиз. Биз үчүн саясий стабилдүүлүктү сактоодо, экономикалык-социалдык реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууда улуттар аралык жана атуулдардын коомдогу ынтымагы зарыл болуп саналат.

Премьер-министр социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу деп аталган 2004-жылы Кыргызстанда бир топ жетишкендиктер болгондугу тууралуу айтып өттү:

-Өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, өлкөбүздө экономикалык жетишкендиктердин уланып жатат деп айта алабыз. Буга инфляциянын төмөн деңгээли, сомдун курсунун туруктуулугу, экономикабыздын бардык тармактарында товар өндүрүүнүн жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмү кеңейгендиги далил болот.

Жолугушуунун катышуучуларын сөзгө тартканыбызда, алар бир ооздон Кыргызстанда экономикалык өсүштөр болуп жаткандыгын бекемдешти. Баткен облусунун Кадамжай районунан келген Саламат Доорованын айтымында, элдин жашоосу мурункудан жакшырып баратат:

- Мурункуга караганда азыр айылда жашоо бир топ жакшырды. Мисалы биздин айыл өкмөтүбүз эл аралык уюмдар менен иштеп, 1 млн сом акча менен иш баштап, 2 млн 850 миң сомдук жумуш аткардык. Таза суу, билим берүү, калкты маданий агартуу боюнча ар бир айылда бирден долбоор аягына чыкты. Элдин социалдык-экономикалык абалы жакшыртууда жана жакырчылыктан арылууда эң жакшы ийгиликтерге жетиштик.

Каракол шаарындагы «Венус» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Камил Розиев улуттар аралык ынтымак, тынчтык маанилүү деп эсептейт:

- Биздин бейөкмөт уюм Кыргызстан элдеринин ассамблеясы менен дайыма кызматташып турабыз. Азыр бизге тынчтык жана көп улуттагы элдердин тил табыша ынтымакта жашоосу- башкы нерсе.

Ал эми Лейлек райондук жаштар комитетинин жетекчиси Акжол Асранов курултайга шайлоолорду акыйкат өткөрүүгө, элди ынтымакка, биримдикке чакыруу максатында келгендигин билдирди.

Элдик деп аталган 5-курултайга оппозиция өкүлдөрү чакырылган эмес. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов курултайды бийлик атайын максаттар менен шайлоонун алдында өткөрүп жатат деп эсептээрин билдирди:

-Элдик деп атап алышып, бийликтин шайлоо учурунда ушундай уюштурма, жасалма иш-чараларды өткөрүп жаткандыгы элдин кызыкчылыгына эч бир тиешеси жок, жакындабайт. Жалпы элдин мүдөөсү башка экендиги баарыбызга белгилүү.

КУРУЛТАЙГА ПРЕЗИДЕНТ, МИТИНГГЕ ОППОЗИЦИЯ КАТЫШАТ

Ишемби күнү Бишкекте президент Аскар Акаевдин катышуусунда Кыргызстан элдеринин 5-курултайы болот. Ушул эле күнү “Атуулдук тилектештик” бирикмеси митинг өткөргөнү жатат. Бул эки жыйында тең парламенттик шайлоонун адилет өтүшүнө байланышкан маселелер талкууланат.

Кыргызстан элдеринин ишемби күнү өтө турган курултайы социалдык мобилизациялоо, акыйкат башкаруу жылын жыйынтыктайт жана социалдык туруктуулукту, тынчтыкты жана тилектештикти камсыздоо максатындагы жарандык коом менен бийликтин кызматташтыгынын натыйжалуулугун арттыруу маселесин талкуулайт.

Президенттин демилгеси менен өткөнү турган бул курултайга республика боюнча 1000ден ашык киши катышаары күтүлүүдө. Алардын катарында айыл өкмөттөрүнүн, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар. Курултайга оппозициячыл күчтөр чакырылгандыгы тууралуу маалымат жок.

Оппозициячыл уюмдардын өкүлдөрү бул күнү «Жеңиш» аянтынын жанында «Адилет шайлоо үчүн!» деген ураандын астында өтө турган митингге катышат. Бул иш- чара «Атуулдук тилектештик» бирикмесинин демилгеси менен өтмөкчү. Уюштуруучулардын бири болгон «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов шайлоонун адилет өтүшүн талап кылабыз дейт:

- Митингдин максаты – жалпы шаардыктар менен бирге, саясий көз караштары кандай болбосун, ачык, калыс, адилет шайлоону талап кылуу.

Эдил Байсаловдун билдиргенине караганда, иш чаранын митинг түрүндө өтүшүнө имараттын жоктугу себеп болду. «Манас» кинотеатрынын жетекчилиги мурда түзүлгөн келишимди жокко чыгаргандан кийин жолугушууну митинг формасында өткөрүүгө туура келди дейт.

Бул митингге «Кыргызстан элдик кыймылынын» төрага орун басары Ишенгүл Болжурова да катышат. Болжурова айымдын пикиринде, бул митинг мыйзамга каршы келбейт:

- Мыйзамдуу. Конституция боюнча мыйзамга «билдирип коюу» деген киргизилген да,10 күнгө чейин жөн эле ушул жерден өткөрөбүз деп, акимиаттарга кат жиберет. Ал катты митингди уюштурган комитет жибериптир. Анын үстүнө «Демократ» деген гезитке да «митинг болот, келгиле» деген маалымат чыккан.

Анткени менен, «Жеңиш» аянты караган Свердлов районунун мамлекеттик бийлиги «Атуулдук тилектештиктин» бул демилгесине кооптонуу менен мамиле кылып жатат:

- Биздин билдирүүбүзгө Свердлов райондук администрациясы силердин иш чараңар максатка ылайык эмес деп жооп кайтарышыптыр. Жооп бизди канагаттандырбайт. Бул биздин конституциялык укугубуз. Митингге чыга беребиз. Бирок, администрация ардагерлерди бизге каршы үгүттөп атыптыр. Ардагерлер деле бизге жакын адамдар. Биз ошол жерде «Түбөлүк отко» жакын деле келбейбиз, -дейт Эдил Байсалов.

Анын айтымында, митинг бир жарым саатка созулат. Ал ар кыл көз караштагы саясатчылардын, жарандык коомдун башын кошуу менен адилет шайлоону кантип өткөрүү керек деген маселени талкуулайт, тигил же бул тарапка каршы чакырык көтөрбөйт.

Митингди жактаган тараптар Бишкек шаардык кеңешинин пикет, митинг, жөө жүрүштөргө көзөмөлдү күчөтүү тууралуу токтомун жетекчиликке алган жергиликтүү бийликтин аракеттери Конституцияга каршы дешет. Бул токтомго байланышкан маселени алар мындан эки күн мурдагы «Жарандык коом институттары жана шайлоо» аттуу конференцияда да көтөрүшкөн. Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаевдин конференцияда коюлган суроого минтип жооп берген:

- Конституция - бийик мыйзам. Ошондуктан, дегинкиси биз бардыгыбыз Конституциянын нормаларына баш ийишибиз керек.

Ал эми көз карандысыз талдоочулар бир учурда бири-бирине атаандаш эки жыйындын уюштурулуп жатышын тараптардын шайлоо өнөктүгүндө эл арасында таасирин күчөтүү максатын көздөгөн аракеттери катары баалап жатышат. Алардын баамында кырдаалды курчутпай жөнгө салуу бийликтин милдетине кирет.

Көз карандысыз эксперт Карыбек Байбосуновдун пикиринде, ырасмий бийлик элдин ынтымагын сактап, Кыргызстандын эл аралык коомчулукта аброюн көтөргүсү келсе, оппозициялык күчтөр менен ымалага келиши керек дейт:

- Б ул жерде ажырым болуп атканы бизге жашыруун эмес да. Бийлик өзүнчө, оппозиция өкүлдөрү өзүнчө. Булардын көздөгөнү эле «эл келип эле биз тарапка добушун берип, урнага келип берсе» деген эле максат болуп атпайбы. Эгерде жанагыдай иш чараны чогуу өткөрө турган болсо, ушул жолу келишип туруп, карама-каршы турууга мораторий жарыялаш керек мындайда.

АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕРДИН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТУРМУШУ (2- макала)

Чолпон Орозобекова , Бишкек Бу жолу Ганси атындагы аскердик базанын ашканасына кайрылабыз. Америкалык аскерлер үчүн былтыртан бери жергиликтүү ашпозчулар тамак жасашат. Алар дене- боюн тиешелүү даярдыкта алып жүрүшү үчүн көбүнчө жашылча- жемиш, тоок этине басым жасалат. Америкалык аскерлердин Кыргызстандагы турмушуна арналган түрмөктөн 2- макаланы сунуш кылабыз.

Америкалык базанын ичинде эки ашкана, бир чакан кафе жана “Питс плейс” деп аталган эс алуу жайы бар. Ашканаларда аскерлер үчүн үч маал ысык тамак жасалат. Ал эми “Грин- бич” кафесинде кофе ичип, музыка угуп сүйлөшүп отурганга шарт түзүлгөн. Алгач сөздү ушул “Грин бичтен” баштасак.

Кафенин кожоюну АКШнын атуулу. Өзү аскер адамы эмес, Американын дүйнөнүн булуң бурчундагы аскердик базаларында тамак- аш жактан тейлөө түйүндөрү менен атагы чыккан ишкер. “Грин бичте” англис тилинде эркин сүйлөгөн кыргызстандык кыздар иштешет.

Кафе күнү- түнү ачык. Тейлөөчүлөрдүн жетекчиси - Тахмина аттуу кыз. Анын айтымында, аскерлер бул жерден сөзсүз кофе ичишет. Алар бул кафеге курсак тойгузганы эмес, жөн гана эс алып отуруш үчүн келишерин айтып отурду. Тахминанын айтымында, аскерлер таттууну көп жешет экен:

- Алар таттууну жакшы көрүшөт. Шоколадды көп жешет. Анан сөзсүз кофе ичишет. Биздин ушундай “Грин бич” кафеси Ооганстанда, Кандагарда жана бир нече өлкөлөрдө бар. Жакында Иракта ачылган турат. Биздин кафе аскердик базалардын ичинде иштеп, аскерлерге колдоо көрсөтүп жатат.

Аскерлер үч маал ысык тамак ичишет. Базанын командачысы, полковник Брэдли Прэй мени аскерлердин ашканасынан даам сызууга чакырды. Аскерлерге окшош тамак сунушталбайт экен, тоок этинен жана уй этинен жасалган 2-3 түрлүү тамактан каалаганыңды салдырып аласың.
Апаппак кийинген орус кыздар тамак салып берип жатты. Ал эми ашкананын тамак бышырылчу жагында ашпозчу кыргыз жигиттер да жүрүштү. Бирок, тамак- аш жагын тейлеген америкалык ишкананын жетекчилигинин макулдугу жок болгондуктан ашпозчулар менен баарлашууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Мындан үч жыл мурда, база жаңы орногондо, америкалыктар алгач өздөрүнүн ашпозчулары менен келишкен. Жергиликтүү ашпозчуларды былтыртан баштап гана жалдай башташыптыр. Полковник Брэдли Прэйдин айтымында, башка бөлүмдөрдөн да базанын ашканасы Кыргызстан менен көп карым- катышта:

- Менин оюмча, ашканага жумушка алынгандардын көбү кыргызстандыктар. Контракт менен иштетип компания өзү америкалык. Биз жергиликтүү жашылча- жемиштерди жана айрым продуктыларды пайдаланып жатабыз, - деди полковник Прэй. Ал эми сержант Рэд болсо Бишкектеги кыргыз- француз биргелешкен наабайканадан нан алышарын, аны аскерлер тамшанып жеп жатышканын кошумчалады.

Ашканага киргенде эле дароо көзгө урунганы - жылтырактарга оролгон бир жолу гана колдонулуучу идиштер. Аскерлердин артынан эч ким идиш жууп отурбайт экен, убактылуу желим идиштер тамак ичилгенден кийин дароо таштанды челекке ыргытылат.

Аскерлердин менюсунда сөзсүз сууга бышырылган ар түркүн жашылча болушу эрежеге ылайык. Албетте, ширелер, жер- жемиштер... Аскерлер дене- боюн бир калыпта алып жүрүшү үчүн жеңил- желпи, бирок витаминдүү болуу жагы башкы талап экен:

- Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөп жаткандан кийин биз физикалык жактан да тиешелүү даярдыкта болушубуз керек. Андыктан тамак- ашка анча майлуу эмес, мисалы, тооктун эти көбүрөк кошулат. Аскерлердин баары жашылча- жемиштерди көбүрөк жеп, дене- боюна кам көргөнгө аракет кылышат,- дейт базанын командачысы Брэдли Прэй.

Сержант Виктория Матондун айтымында, аскердик кызматтагы аялдар тамак жасаганды сагынышат. Бирок, алар жашаган чатырларда ага шарт жок. Виктория Кыргызстанда кызмат өтөп атканына беш ай болду. Анын айтымында, кыргыз улуттук тамак- аштарынын даамын татып көрүштү. Жергиликтүү ашпозчулар ишке алынгандан бери базада анда- санда лагман, плов жасалып турат.

Базада ичкилик боюнча өзүнчө эреже. Кубаттуулугу жети градустан жогору ичкиликтерге тыюу салынган. Бир аптада пиво иче турган эки күн болот. “Питс- плейс” деп аталган эс алуу жайында пиво иче турган күндөрү киши толтура. Ал жерде АКШнын аскердик телеканалы дайым көрсөтөт. “Питс плейсте” аскерлер биллиард ойноп, пиво ичип эс алышат.

ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ “ЭРКИНДИК”

Айданбек Акмат уулу, Бишкеk Кыргызстандагы парламенттик шайлоону 154 гезит-журнал, 34 электрондук маалымат каражаты чагылдыраары маалым. Алардын ичинде көз карандысыз гезиттер болгон менен, эркин телеканал жокко эсе. Байкоочулардын баамында, оппозициялык маанайдагы айрым басылмаларды сот аркылуу муунтуу аракеттери башталды.

АКШ өкмөтүнүн жардамы менен Бишкекте көз карандысыз басмакананын ачылышы оппозициялык маанайдагы гезиттердин шайлоо маалында чыкпай калуу коркунучун четтетти. Ага чейин шайлоо өнөктүгү учурунда ар кандай себептер менен “Учкун” басмаканасы көз карандысыз гезиттерди баспай коюп келгени белгилүү. Ошентип эркин басмакананын пайда болушу менен көз карандысыз гезиттердин бир маселеси чечилди.

Бирок шайлоо кампаниясы учурунда сот аркылуу басым көрсөтүү өнөкөтү токтоп калган жери жок. Маселен, жакында эле оппозициялык маанайдагы “Жаңы ордо” гезити Ички иштер министри Бакирдин Субанбековдун арызы менен соттолуп, ага 30 миң сом айып салынды. Орус тилдүү эң популярдуу “МСН” гезитинин үстүнөн бир катар сот иштери козголгону турат. “Республика”, “МСН” гезиттери өкмөттүн жашыруун жыйыны жөнүндөгү маалыматты интернеттен алып баскандыгы үчүн кылмыш жообуна тартууга аракет болорун премьер министр Николай Танаев билдирген:

- Бул жолу биз аларды кылмыш жообуна тартууга аракет кылабыз. Эгерде алар ошол өздөрү жарыялаган маалыматты ошол көлөмдө төгүндөп жазбаса, тийиштүү чара көрөбүз. “МСН” гезитинин ээлери мурдагы чагымчыл макалалары үчүн мага 500 миң сом төлөш керек. Аны мен унута элекмин. Бирок бул жолу биздин талаптар башкача болот.

“МСН” гезитин бир жагынан ырасмий бийлик кысымга алып атса, экинчи жактан “Вечерний Бишкек” гезити сотко берип, бир нече миллион сом төлөтүп алууга аракеттенүүдө.

“МСН” гезитинин башкы редактору Александр Кимдин айтымында, бул аракеттер көз карандысыз гезитти муунтуу үчүн биргелешип жасалууда. «Эгерде америкалык басмакана болбогондо биз эчак эле чыкпай калмакпыз» дейт Александр Ким:

- Эгерде ал басма үйү болбогондо биз качан эле чыкпай калат элек. Ал нерселер башыбыздан өткөн. “Учкун” канча жолу бизди күйгүзгөн.

Кыргызстанда көз карандысыз гезиттер ушундай абалга карабай жарык көрүп келатат.

«Интерньюс-Кыргызстан» уюмунун иликтөөсүнө караганда, маалымат каражаттарынын ичинен калкка таасири боюнча телекөрсөтүү эң күчтүү ролго ээ. Бирок өлкөдө эркин телеканал жок экендиги маалым. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг мырза да “Аргументи и Факты” гезитинин Кыргызстанда чыккан тиркемесине ушул жуманын шаршембисинде жарыяланган маегинде билдирген. Элчинин айтымында, Кыргызстандагы бардык телеканалдар өкмөтчүл багытта иш жүргүзөт.

Белгилүү тележурналист Александр Кулинскийдин пикиринде, НБТ жана Пирамида телеканалдарынын өткөн жылдары сатылышын бийликтин шайлоого эртелеп даярданышы деп атоого болот:

- Буларды бийликтин шайлоого даярдыгы деп атаса болот. Бул шайлоодо ал жеңишке жетишиш керек. Ал үчүн бийлик баарын жасап жатат.

Жергиликтүү талдоочулардын пикиринде, Грузияда «Рустави-2», Украинада «Бешинчи канал» аттуу телеканалдар оппозициянын ишин, максатын калкка жеткирип, жеңишти камсыздоого эбегейсиз салым кошкон. Кыргызстанда болсо андай көз карандысыз телеканал жок.

“Атажурт” коомдук-саясий кыймылынын лидерлеринин бири Роза Отунбаева “Независимая гезитине” 4-февралда жарыяланган маегинде «болгондорун президенттин үйбүлөсү качан эле сатып алган» деп билдирди.

КЫРГЫЗСТАНДА КҮЙДҮРГҮ КАТТАЛА БАШТАДЫ

Соңку жылдары Кыргызстанда күйдүргү дартына чалдыккандар катала баштады. Бул дарт Кыргызстанга коңшу мамлекеттерден контрабанда жолу менен келген эт аркылуу келген. Африкада жана Түштүк Америкада кеңири жайылган бул күйдүргү дартынын таралып кетүү коркунучу бар дешет айрым адистер.

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, жыл сайын 300 миңге жакын адам жугуштуу ооруларга чалдыгат. Акыркы жылдары да Кыргызстанда күйдүргү дарты менен ооругандар каттала баштады. Күйдүргү дарты негизинен Азияда, Африкада жана Түштүк Америкада көп тараган.

Мамлекеттик санитардык жана эпидемияны көзөмөлдөө боюнча департаментинин маалыматына ылайык, 2003-жылы күйдүргү оорусу менен 20 адам катталса, былтыр бул ооруга чалдыккандардын саны 31 жетти. Күйдүргү дарты кандай жол менен жугат? Бул тууралуу ветеринардык инститтунун илимий кызматкери Кубанычбек Абдыкеримов мындай деди:

- Күйдүргү жугуштуу оору болуп саналат. Бул дарт малдын этинен жугат. Күйдүргүнүн козгогучу кыймылсыз таякча, аны факультативдик аэроб деп коюшат. Күйдүргү дартынын жугузуп алуу очогу мал болуп саналат. Ал эми адам адамдан бул дартты жугузган учурлар байкалган эмес.

2003-2004-жылдары күйдүргү дартына чалдыккандар түштүк дубандарда катталган . Адистердин айтымында, бул дарттын таралып кетүү учурлары жай айларына туш келет. Санитардык жана эпидемияны көзөмөлдөө боюнча департаменттин жетекчиси Сабыржан Абдукаримовдун айтымында, күйдүргүнүн ар кандай түрлөрү кездешет:

- Күйдүргүнүн 3 түрү болот. Тери, өпкө жана септикалык. Кыргызстанда негизинен теридеги түрү кездешет. Былтыр бул дарт менен 31 адам катталган, ал эми 2003-жылы бул дартка 20 адам кабылган. Булар Ош, Жалалабад жана Баткенде болгон учурлар. Бул оору кошуна мамлекеттерден контрабанда жолу менен алынып келинген эттен жуккан. Бүгүнкү күндө кыш мезгилинде күйдүргүнүн пайда болуу коркунучу жок, анткени бул дарт жай айларында гана пайда болот.

Күйдүргү дартынын Кыргызстанда таралып кетишине каршы кандай иш-чаралар көрүлүүдө? Бул жагдайга ветеринардык департаментинин адиси Дайыркул Саткыновго кайрылдык:

- Бул ооруну алдын алуу боюнча республика боюнча бардык ветеринардык , санитардык кызматтар бодо малды күйдүргүгө каршы вакцинациялоо иштерин жүргүздү. 2004-жылы республика боюнча 975миңден ашык мал вакцинациядан өткөн. Эки жарым миллион эчки, 254миң жылкы вакцинациядан өткөн. Бирок, ошого карабастан өлкөдө күйдүргү дарты катталган учурлар болуп жатат. Бул оорунун коркунучтуулугу ушунда, анын бацилласы өтө туруктуу болот. Жер кыртышында да көп жылдап сактала берет.

КЫШКЫ СПОРТТУН ТАРЫХЫ ЖАНА БҮГҮНКҮ АБАЛЫ

Жазма даректерде кыргыздар 6-9- кылымдарда лыжа тепкендиги айтылган. 13-14- кылымдардагы көрүнүктүү тарыхчы Рашид-ад-диндин летописинде кыргыздардын лыжа пайдалануусунун ыкмалары сүрөттөлгөн. Кыргыздар кар үстүндө лыжа жана чана тээп, аңчылык кылгандыгы айтылат. Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанда кышкы спортко анча көңүл бурулбай калды.

Кыргыз жергесинде лыжа мелдештери 1926-жылдан бери ырасмий болуп, ал эми 1936- жылы Караколдо лыжа менен чуркоо боюнча Кыргызстандын биринчи чемпионаты өткөрүлгөн. 1961- жылы Түндүк майрамына катышкан кыргызстандык Александр Попов 70 чакырым аралыкка лыжа жарышында байгелүү орунга жетип, «СССР спортунун чебери» деген наамга биринчи болуп арзыган.

Кыргызстандыктар союздук мелдештерге, СССР элдеринин кышкы спартакиадаларына катышкан. Совет доорунда спорттун кышкы түрлөрү өнүгүп, азыноолак ийгиликтер болгон. Нарындын Аламышык, Кызылбел тоолорунда, Караколдо лыжа жарыштары боюнча өлкөнүн чемпионаттары өткөрүлүп турчу.

Нарындык Айымкан Стамакунова, Жылдыз Мундузбаева, Абдылда Калдыбаев, Төлөн Насырбеков жана башкалар бир нече ирет өлкөнүн чемпиону аталган. Балдар арасында хоккей боюнча да «Алтын шайба» мелдештери өткөрүлүп турчу. Учурда Чаекте Эркинбек Матыевдин жаркын элесине арналып топ менен ойнолчу хоккей боюнча мелдеш өткөрүлүп келет. Бул саамалык тууралуу Ленин районунун салык инспекциясынын жетекчиси Нурланбек Матыев мындай дейт:

- Кыргыз жергеси кышкы спорттун өнүгүшүнө абдан ыңгайлуу. Биз бала кезде Жумгалда хоккей ойноп чоңойдук. Кийин бул спорт унутулуп калгандыктан, кайра жандандырып 5 жылдан бери Чаекте хоккей мелдешин өткөрүп жүрөбүз. Быйылкы мелдештин финалдык таймаштары 11- 12- февралда болмокчу. Ушул Чаек айылында Шортон деген чакан көл бар. Ал 1-2 мерт тереңдикте тоңот. Хоккей мелдешин эл арлык деңгээлде өткөрүүгө даярдык көрүп жатабыз. Кыргызстанда кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө жардам берип, колдоого алуубуз керек.

Эгемендүү болгондон бери лыжа спортунун дэңгээли төмөндөп кеткен. Шыпка тиреле тизилген мектептердеги лыжалар эскирип, сынып, сатылып жок болду. Учурда өлкө боюнча беш гана машыктыруучу калды. Анын үчөө Бишкекте, калган экөө Нарын менен Караколдо иштеп жүрөт.

Азыр жакшы лыжанын наркы бир жылкынын баасына барабар. Карапайым калк лыжа сатып алууга да чамасы жетпейт. «Нооруз», «Оруусайдагы» лыжа тебүү базалары Президенттин алдындагы иш-башкаруу чарба башкармачылыгынын карамагына өткөрүлүп, киреше табуунун булагына айланып баратат. Кышкы спортту өнүктүрүү үчүн өлкөдө ыңгайлуу шарт бар, бирок жетекчилер көңүл бурбай жатканын Кыргыз дене тарбия инситутунун проректору Токтобек Иманалиев айтып, мындай деди:

- Чынында лыжа спортунун таасири төмөндөп кеткен. Эми кайрадан жандануу башталды. Дем алыш күндөрү биздин Кой-Таштагы лыжа базабызда эс алып, лыжа тепкендер арбын болуп калды. Биздин институт да лыжа спорту боюнча адис- машыктыруучуларды даярдап, 15 студент лыжа адистиги боюнча билим алышууда. Былтыртан баштап тоо лыжасы боюнча да адистик ачтык.Бул спортту өнүктүрүү учур талабы. Кыргызстандын жаратылышы, ак кар көк музу – кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу. Айрыкча Нарын облусундагы узак кыш мезгили, Ысыккөлдүн тоолуу аймагы , Чүй, Таластын тектирлүү тоолору лыжа спортчуларына машыгууга мүмкүндүк берет. Кыш мезгилинде гана эмес жаз, жай айларында ак кар көк музу кетпеген мөңгүлүү аймактарда жыл бою лыжа тебүүгө, бул спортту өнүктүрүүгө шарт бар.

Өлкөгө келген чет элдик меймандар да «кардан пайда таап, эл аралык лыжа базаларын курууга өтө ыңгайлуу тоолор көп экенин» суктануу менен айтып жүрүшөт. Ошондой эле кар көрүүгө зар болгон Азия мамлекеттеринин адистерин да Кыргызстанда биргелешип тоо лыжа базасын курууга тартса болчудай. «Кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүнүн келечеги жок, каражатты көп талап кылат», деп демилгени четке каккан жетекчилер да болууда. Өкмөт дагы бул спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө көңүл бура элек.


Оруусай, Нооруз лыжа базасы, кышкы спортунун абалы жөнүндө спорт күйөрманы Мунара Абдрашитова мындай деди:

- Бул лыжа тебүү базалары капчыгы калың эс алуучулардын жайына айланып калды. Лыжаны 1 күнгө арендага алсаңыз, 400 сом төлөшүңүз керек. Суннаворддун арендалык наркы- 600 сомго барабар. Зым жолу менен жогору чыкканыңыз үчүн саатына 250-300 сом төлөөгө туура келет. Эгерде сизге ушул базанын спорт инструктору лыжа тебүү ыкмаларын бир саат үйрөтсө, анда ага 300 сом төлөп бересиз. Ошентип, бул базаларга карапайым калктын өкүлдөрү бара алышпайт. Бул аймакта пайда табуунун көздөп, ал эми кышкы спортту өнүктүрүү маселеси көңүл сыртында калууда. Ошондой эле мыкты, жакшы адистердин көбү башка жактарга кетип, лыжа спорту өнүкпөй турат.

Орусиянын Президенти Владимир Путин кыргыз жергесинде болгондо, бул аймакта тоо лыжасын өнүктүрүүгө ыңгайлуу экенин байкап, биргелешип тоо лыжа базасын куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилге Кыргызстандын спорт жетекчилери тарабынан азырынча колдоого алынбай турат.

КЕЛЕРКИ МӨӨНӨТ ЖАНА ӨЛКӨНҮН ДЕМОКРАТИЯЛЫК БЕДЕЛИ

Султан АКИМ, Бишкек Өлкө башчысы Акаев келерки президенттик шайлоого барбай тургандыгын эчен курдай баса белгилеп айтса да, бул маселеге саясий чөйрөдө ар кандай божомолдор айтылып келет. Бир даары президенттин бул чечимин анын өлкөнүн Башмыйзамынын урматтоосу катары бааласа, экинчи бир даары бул тек гана анын кезектеги саясий “башайлантмасы” катары баалайт. Эгерде мамлекет башчысы келерки шайлоого катышуу тууралуу чечимге келсе, бул саясий кадам дүйнөлүк коомчулук тарабынан кандай кабыл алынат?

Эл аралык уюмдар менен дүйнөлүк кадыр-барктуу чөйрөлөрдө Аскар Акаевдин келерки шайлоого барбоо жөнүндөгү айтылган сөздөрү бүгүн анын кескин саясий чечими катары баалана элек. Бул кырдаал ошол эле учурда алчы таасын жеген Батыш саясатчылары тарабынан да бир жактуу бааланбай келет.

Бирок, акыркы учурдагы саясий окуялардын түрмөгү Акаевдин айтылган кебинин, билдирген чечиминин канчалык реалдуу экендигине кескин жооп айтырбай келет. Эгерде кыргыз президенти чет өлкөлөрдөгү саясий Билдирүүлөрүн четке кагып, келерки жаңы президенттик мөөнөткө баруу тууралуу аракет көрө баштаса, демократиялык Кыргызстанга карата Батыш өлкөлөрүнүн ээлеген позициясы кандай тейде бааланат? Президент конституцияны сыйлоого барабы же өз бийлигин дагы бир мөөнөткө узартууга баш урабы? Бул жагдайга карата өз оюн экс-министр Роза Отунбаева мындай таризде сыпаттайт.

- Эларалык Европа өнүктүрүү банкынын биринчи уставынын биринчи параграфында мындай берене бар. Бул банкка мүчөлүккө демократияны өнүктүрүп жаткан мамлекеттер гана кабыл алынат деген. Кыргызстан Эларалык уюмдар алдында абдан көп өзүнө милдеттеме алган. Анда ошолордун баары бузулат.

Айрым саясатчылар эгерде президент Акаев келерки мөөнөткө баруу чечимин кабыл алса, демократиядан автортаризмге, бир адамдын чексиз бийлигине жол ачылат деп эсептешет. Андай кадам өлкөнүн демократиялык түзүмүнө көлөкө түшүргөн факт катары бааланат деген ой тутумдагылар да жок эмес. Эгерде , Баш мыйзам өлкө башчысы тарабынан бузула турган болсо, Кыргызстанды демократиялык өлкө деп атоого болобу? Президент Акаевдин бул кадамы эл аралык уюмдар тарбынан, Батыш саясатчылары тарабынан кандай кабыл алынат?.. Бул суроого өлкөнүн мурдагы мамлекеттик катчысы Ишенбай Абдуразаков мындай таризде жооп берди:

- Бул дүйнөлүк коом деген да ар кандай да. Европада азиялык жүрүш-туруш, азиялык психология деген бир түшүнүк бар да. Ал Европада тескери түшүнүк катары калыптанып калган. Ошол психологияга көнүп калган адамдарды эмне дейбиз? Айла жок да. Алар ушундай адамдар болот. Эч деле таңкала турган жыйынтык болбойт.

Массалык маалымат каражаттары акыркы учурда президенттин келерки мөөнөткө барарын каңкуулап келет. Ал эми кыргыз бийлигинин Президенттин жаңы мөөнөтү жагдайында ар кандай идеологиялык “боектогу” аракеттери, ал гана эмес, “ХХI кылымга Аскар Акаев менен! “ , “Чуркап бараткан күлүктүн жолун кыя басуу жарабайт” сыяктуу ураандары менен “Болочокто ким президент болот? Ал демократияны жандандырабы же анын көрүн казабы?”, “Эл билген адам баалуу” сыяктуу сөздөрдүн ар кайсы деңгээлде байма-бай айтылышы, ал ириде бийликте калуунун аракети катары бааланат деп ырастайт кээ бир байкоочулар. Акаев өз реформасын аягына жеткириши керек деген ойду тутунгандар да бар. Бул ойду Эларалык Тоо дирекциясынын директору Бакыт Бакчиев мындай негиздейт:

- Аскар Акаевич баштаган реформасын бүтүрүш керек. Бул сөз көп эле «банальный» сөз болуп кетти. Бирок, чын эле дагы бир мөөнөткө иштеп берсе жакшы эле болот го.

Мына ушундай ойду Чүй университетинин ректору, профессор Султан Мамбеткалиев да карманат:

- Менин өзүмүн түшүнүгүмдө Акаевдин деңгээлиндегидей, аны төмөн түшүрбөй алып кете турган ишенген адамым жок. Азырынча…

Айрым байкоочулар Аскар Акаев эл аралык коомчулук алдында бир гана эмес бир нече жолу берген убадасына туруп, президенттик шайлоого катышуудан баш тартып, шайлоолордун адилет өтүшүнө ар тараптан шарт түзүп бере алса, анда Борбор Азиядагы демокарт президент катары тарыхта калмак дешет.

ҮЧ МАМЛЕКЕТ СПИДГЕ КАРШЫ БИРГЕЛЕШИП КҮРӨШӨТ

Бишкекте Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын өкмөттөрү менен бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышкан регионалдык «тегерек үстөл» ишин баштады. Ал адамдын иммундук таңсыктык вирусу менен СПИД дартына каршы күрөшүүнүн бирдиктүү регионалдык программасын даярдоого арналууда.

Эл аралык маалымат каражаттарынын кабары боюнча, азыр дүйнө жүзүндө 40 миллионго жакын адам СПИД дарты менен ооруйт. Бул дарттан күнүнө 8 миңден 10 миңге чейин адам өлөт деген маалыматтар бар.

Кыргызстанда азыр СПИД менен ооруганы аныкталган 655 адам каттоодо. Алардын 33 көз жуумп, 20сы СПИДдин курмандыгы экендиги такталды. Өзбекстанда СПИД менен ооруган 5 миң 680, Тажикстанда 317 адам ырасмий катталган. Бирок, үч өлкөдө тең 20 –кылымдын кара тумоосу аталган бул ооруну жугузуп алгандардын саны мындан эки-үч эсе көп деген бейрасмий маалыматтар бар.

Борбор Азиядагы үч мамлекеттин саламаттык сактоо тармактары менен СПИД дартына күрөшүү жаатында иштешкен бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү Бишкекке мына ушул ооруга каршы күрөштүн натыйжалуу жолу камтылган төрт жылдык программаны даярдоо үчүн чогулушту. Анын максаты Бириккен Улуттар уюмунун глобалдык фонду тарабынан берилген 9 миллион долларды пайдалануу алкагында бирдиктүү улуттук программа, улуттук башкаруучу орган жана байкоо салуу менен баа берүүнүн бирдиктүү улуттук системасын түзүү.

Ушундан улам жыйында көңүл бурулган башкы маселе-СПИДдин жайылуусуна кантип бөгөт коюу керек жана аны коңшу мамлекеттердин кайсы органдары кандай кызматташуунун негизинде аткарышы керек деген маселе болду. Анткени, баңги соодасы жүргөн негизги жол ушул үч мамлекеттин аймагы аркылуу өткөндүгү СПИДдин таралышына катуу түрткү болууда. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Миталип Мамытовдун айтымында, дагы бир башкы көйгөй калктын калың катмарынын СПИД дарты тууралуу маалыматынын жоктугу. Ушундан улам оорулуулардын саны боюнча баңги соодасынын жолу өткөн Ош облусу менен Ош шаары биринчи орунда турат:

-Биринчиден, маалыматтын жоктугу буга башкы себеп. Экинчиден, алдын-алуу иштери начар жүрөт. Себеби, медиктер эл арасында түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзбөй жатышат. Анан элдин турмуш-шартынын төмөндүгү жана баңги заттарынын түштүк аркылуу өткөндүгү терс таасир берип жатат.

Жыйындын катышуучулары ушундан улам программага эң ириде калктын СПИД тууралуу билимин жогорулатуу чарасын киргизүү зарыл деп белгилешти. Тажикстандын Саламаттык сактоо министринин орун басары Зиевуддин Авгоновдун айтымында,калктын маалыматтулугун жогорулатмайын максатка жетүү мүмкүн эмес:

- Эң ириде калктын маалыматтуулугу. Демек, калктын ар бир өкүлү СПИД деген эмне экендигин жана ал кантип жугаарын билиши керек. Себеби, биз бул көйгөйдү жашырбашыбыз керек болуп калды. Эгер биз оорунун канчалык коркунучтуу экендигин ачык айтып, жашоого тете проблема бар экендигин жарыя кылбасак эч натыйжа болбойт.

Жыйындын катышуучулары калк арасында мындай түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө бейөкмөт уюмдарды тартуу жана аларга техникалык жардам көрсөтүүнү көбөйтүү зарылдыгын белгилешти. Токмок шаарында баңги затына көз каранды адамдар менен беш жылдан бери иш жүргүзүп келаткан «Дельта-Аян» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Владимир Чудайкиндин айтымында,чынында мамлекеттик бийлик органдарына караганда калктын бейөкмөт уюмдарга ишеними көбүрөөк жана алар менен ымалага тез келишет:

-Мен сандар менен далилдегим келип турат. Себеби, биз 2000-жылы алгачкы иликтөө жүргүзгөндө Токмок шаарында ВИЧ-СПИДди жугузуп алган 4 адам болсо, азыр алардын саны 3 гана адамга көбөйдү. Демек, буга биздин баңгичилер арасында жүргүзгөн ишибиздин таасири болду.Себеби, биз баңги затын сайынганда СПИДди жугузбоонун жолдорун үйрөтөбүз. Андан тышкары 2001-жылы Токмоктогу 12 адам баңги затын көп куюунуп алып каза болсо, кийинки жылдары бир да адам баңгини көп куюнуудан набыт боло элек. Демек, буга биздин эл арасына маалымат таратуубуз жана түшүндүрүү иштерибиз жакшы таасир берди.

Ал эми Кыргызстандын СПИД бирикмесининин башчысы Борис Шапиро Борбор Азиядагы чектеш мамлекеттердин ортосунда СПИД боюнча бирдиктүү маалымат борборун түзүү зарыл деген ойдо. «Тегерек үстөлдүн» катышуучулары 4-февралда программанын түзүмүн бекитип, кызматташуу принциптери жана биригүү жөнүндөгү протоколго кол коюшат.

АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕРДИН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТУРМУШУ (1- макала)

Чолпон Орозобекова , Бишкек “Манас” абамайданындагы америкалык аскердик база Кыргызстанда 3 жылдан бери турат. Бул базанын аймагында убактылуу турак- жайлар курулуп жаткан кез, ал эми америкалык аскерлер чатырларда жашап келишет. Кабарчыбыз америкалык базада болуп, аскерлердин жашоо шарты, тамак- ашы жана эс алуусу менен таанышып кайтты. Назарыңыздарга америкалык аскерлердин Кыргызстандагы турмушуна арналган 1- макаланы сунуш кылабыз.

Бул базаны кыргызстандыктар “Ганси” деп коюшса, америкалык аскерлер өздөрү Манас атындагы деп билишет. Сержант Рэд АКШда база жайгашкан жердин аты менен айтуу эрежеге ылайык деп түшүндүрдү. Америкалык аскерлердин жашоо- турмушу менен таанышыш үчүн базанын ичинде бир күн бою жүрдүм. Мени базанын коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеген сержант Дэджон Рэд ээрчитип жүрдү. Анын айтымында, учурда базада 900гө чукул аскер бар.

Ооганстандагы операциялар соңуна чыга баштагандан бери эл аралык куралдуу күчтөрдүн катары кыскарып, антитеррордук коалицияга кирген айрым мамлекеттер аскерлерин чыгарып кетишкен. Учурда америкалык аскерлердин жанында Испаниянын саналуу аскерлери кызмат өтөп жатат. Сержант Дэджон Рэд жана Виктория Матон базанын ичин бир сыйра көрсөтүп чыгышты.

- Мынабул биздин убактылуу тамак иче турган жайыбыз болот. Бул курулуп бүткөндө чатырдан ушул жакка көчүп келебиз деп турабыз. Мына, мен жашаган чатыр. Бул жерде мен, дагы жети киши болуп жашайбыз. Жылыткычтар абдан жакшы жылытат. Чатырдын ичи жыпжылуу. Бирок, албетте колонизация жок, жумуштан кийин жуунуш үчүн душ коюлган чатырларга барыш керек, - деп сержант Рэд аскерлердин жашоосу менен тааныштыра баштады.

АКШда Кыргызстандагыдай баланча жыл деген аскердик милдет жок. Америкалык куралдуу күчтөрдүн катарына өз каалоосу менен баргандар кабыл алынат. Сержант Рэддин айтымында анүчүн ириде дене- боюң жана саламаттыгың текшерилет. Эгер ал сыноодон өтсөң жана мектепти бүткөн болсоң катардагы аскер болуп кошулууга мүмкүнчүлүгүң бар.

Америкада аскер кызматы өтө популярдуу болбосо да кадыр- баркы жогору өңдөнөт. Ганси аскердик базасынын командачысы, полковник Брэдли Прэй мамлекет аскер адамдарына жакшы кам көрөрүн айтып отурду:

- Биз үйбүлөбүздөн жана үйүбүздөн алыста жүргөнүбүз үчүн мамлекет бизге кошумча төлөп берет. Мисалы, “Майтарылгыс эркиндик” операциясына иштеп жаткандарга атайын төлөмдөр каралган.

Коопсуздук кызматта иштеген Виктория Матон “Манас” абамайданынын коопсуздук кызматкерлери менен чогуу иштешип, жергиликтүү адистер менен тыгыз алакада болгондуктан кыргызстандык көп досторду күткөнүн айтып отурду.

Базанын командачысы, полковник Прэйдин Кыргызстанга келгенине бир эле ай болду. Буга чейин ал дүйнөнүн булуң- бурчундагы америкалык базаларда иштеп, дүйнөнүн жарымынан көбүн кыдырганын айтып отурду. Азыр кайда болбосун коопсуздук боюнча жагдай оор экенин белгиледи:

- Коопсуздук - дүйнөнүн кайсы бурчунда болсо да бизди эң биринчи кезекте ойлондурган маселе. Бишкектеги бизди кубандырган нерсе, мамлекеттик органдар жана Манас аба майданынын коопсуздук кызматы менен тыгыз иштешип жатканыбыз.

Буга чейин америкалык аскердик базага террордук чабуул аракети болгонун, ага катышы бар үч адам соттолгонуна пикирин сурасам жооп берүүдөн баш тартты:

- Дал ушул маселе боюнча мен сизге эчтеке дей албайм,- деди командачы.

Аңгыча аскерлер сапарга алып жүрчү чоң- чоң сумкаларды ыргытып, бир жерге топтоп жатышыптыр. Сержант Рэд бул транзиттик аскерлердин буюм- тайымдары деп түшүндүрдү. Көрсө, Ооганстанга бараткан жана келаткан аскерлер дал ушул базага токтоп, 2-3 күн болушат экен.

Америкалык аскерлерди саат “баланчада турасың, мынчада жатасың” деген тартип жок. Ар ким кылган жумушуна жана сменине жараша уктай берет.

"Чатырлар шаарчасы” деп койгон аймакта гана жүрүш- туруш боюнча эрежелер бар:

- Мынабул бетон дубалдарды көрүп атасыз да, бул аймакты биз чатырчалар шаарчасы деп коебуз. Ал жакта 24 саат бою тынчтыкты сакташыбыз керек. Себеби аскерлер ар кандай сменде иштешет. Жумуштан келген адам уктап аткан болот. Ал жакта тынчтыкты сактоону өтүнгөн эскертүүлөр илинип турат. Бирок, аскерлер саат канчада уктаганын эч ким деле көзөмөлдөбөйт. Кээде бош убакыт болгондо шаарга чыгууга, дүкөнгө барганга уруксат берилет. Бирок, алар караңгы киргичекти базага кайтып келип калышы керек, - дейт Дэджон Рэд.

Базага кирип баратканда кире бериште топтошуп жергиликтүү адамдар туруптур. Көрсө, базага жакын жайгашкан айылдардан база ичинде жүрүп жаткан курулуштарга иштегенге келишет экен. Бирок, базада иштеген кыргызстандыктар менен сүйлөшүүмдү аскерий жетекчилик каалаган жок.

Аскерлер бош убактысында биллиард, домино ойношот, ар түркүн кинолорду көрүп, базанын ичиндеги “Питсплейс” жана “Шуутер” деп аталган эс алуу жайларына барышат.

ШАЙЛООНУН БОЛГОНУНАН БОЛОРУ КЫЗЫК, ГЕЗИТТЕРДИН СОТТОШУУСУ, "АТАКЕ, УШИНТИП ДА ЭЛДИ БАШКАРАСЫҢБЫ?"

Апта соңундагы кыргыз басылмаларында парламенттик шайлоонун камылгасы, бийлик менен анын каршылаштарынын тирешүүсүнө басымдуу орун берилди.

Парламент шайлоо алдында гезиттердин ичара талаш-тартышы күчөп, анын жыйынтыгы сот аркылуу чечиле тургандыгын бейшембидеги «Трибуна» гезити маалымдады. «Вечерний Бишкек» гезити ишкердик бедели түшкөндүгүн айтып «МСН» гезити менен анын кабарчысы Рина Приживойтту сотко берген.

«МСН» гезитинин кабарчысы Рина Приживойтту кесиптештери аны чириген бай адам деп эсептешери кубантары шексиз. Тапкан кирешесинен 200 миң сомду кыйла жылдар өзү иштеген гезитке төлөп бериши алар үчүн эрөөн көрүнбөстүр», деп жазат Р.Жанбалаев.

Гезит авторунун ырасташынча, «МСН» гезити каттоодон өткөндөн бери «Вечерний Бишкек» аны сүйүңкүрөбөй келет. «Вечерний Бишкек» гезитинин мурдагы редактору Ольга Безбородова басылманы уюштуруучулардын катарында президенттин күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин атынын аталышына нааразы болуп сотко арыз жолдогон. Президенттин күйөө баласынын аты итиркейин келтирип, «Вечерний Бишкек» гезитинде иштегендерди капа кылса, бул гезит авторлорунун иши, деп белгилейт Р.Жанбалаев.

Мыйзам буйлаланган төө экени ушул эле гезиттеги Д.Орловдун макаласында козголгон. Автордун ырасташынча, жол эрежесин бузгандыгы үчүн делген айып оппозиция лидерлерине мас абалда машине айдоочуларга делген күнөө коюлган.

«Бороон кабарчысы» Максим Горькийдин эстелигинин жанында, «Тез жардам» кызматына жакын жерде жөө жүрүш уюштургандардын катарында жүргөн белгилүү үч саясатчы мас болуп алып жол эрежесин бузушкан деп айтышка эч кандай негиз жок, деп белгилейт журналист Дмитрий Орлов.

Оппозиция жетекчилерине коюлган экинчи бир кине, милиция кызматкерлерине кыр көрсөттү деген айып да суу кечпейт, дейт макала автору. Эки интеллигент зайыптын күрсүйгөн милиция кызматкерлерине каршылык көрсөттү деп айтышса эч ким ишенбейт, дейт Дмитрий Орлов.

Жапан өлкөсүнүн Нагоя шаарында ушул жылы өтүүчү «ЭКСПО – 2005» дүйнөлүк көргөзмө жармаңкеге айтылуу чебер Алмагүл Бөлөкованын «Жыл мезгилдери» сериясындагы эки чыгармасы коюларын бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады.

Шайлоочулар парламентке кандай адамдар келишине кызыкдар экенине журналист Данияр Каримов кызыккан. «Эксперт» агенттигинин сурамжылоосунун жыйынтыгына караганда, шайлоочулар чөнтөгү калың, кызмат тепкичинде кыйла жыл жүргөн, анан да өз уруулашына добуш беришке даяр. Айыл жеринде жашагандар үчүн аксакалдардын пикири көбүнесе чечүүчү мааниге ээ, дейт Д.Каримов.

Шайлоо темасына жума күнкү «МСН» гезити да кайрылган. Журналист Замир Өсөровдун «Элди кантип башкарып атасың, атаке?» деген макаласы мына ушул темага арналган. Саясий жагынан жок болгон сөлөкөт коом турмушуна таасир тийгизиши мүмкүнбү суроосуна журналист Рина Приживойт жооп издеген. «Атажурт» саясий кыймылынын жетекчилеринин бири Роза Отунбаева ушу тапта Кыргызстанда түзүлгөн саясий кырдаалга талдоо жүргүзгөн.

Кыргызстандагы парламент шайлоодо уруучулдук, жердешчилик үстөмдүк кылып, жалпы улуттук максат мүдөө, кызыкчылыктар баам сыртында калып жатканына жума күнкү «Аалам» гезити токтолду. Журналист Чолпонбек Абыкеевдин ырасташынча, кыргыз улутуна мүнөздүү чылыктардын айрым шайлоо чөлкөмдөрүндө жаамы кыргызга белгилүү азаматтар жалгыз орун үчүн ат салышууга мажбур болушууда.

Ушул эле проблема жума күнкү «Бишкек таймс» гезитиндеги Эмилбек Момуновдун «Шайлоонун болгонунан болору кызык» аттуу макаласында да козголгон.

Учурдагы саясий кырдаалга жума күнкү «Кыргыз руху» гезитинде да биртоп материалдар арналды. Орусиянын коопсуздук кеңеш катчысы И.Ивановдун К.Бакиевди кабыл алганы, АКШ Мамлекеттик катчы жардамчысынын орунбасары Лора Кеннединин президент А.Акаев менен эмне маселелер тууралуу пикир алышканы журналист М.Дүйшөнбаевдин макаласында козголгон.

Жума күнкү «Агым» гезитинде да шайлоо темасы басымдуу орунду ээлейт.

ЖОРЖ БУШТУН КАЙРЫЛУУСУНА КЫРГЫЗ КООМЧУЛУГУНУН ПИКИРЛЕРИ

АКШ президенти Жорж Буш 3-февраль күнү конгресстин алдында сүйлөп, «Мамлекеттин абалы тууралуу» кайрылуу жасады. Анда Жорж Буш АКШ мамлекетинин жүргүзүп жаткан саясаты, келечектеги иштери айтып келип, Америка дүйнөгө адилеттик орнотууга жардам бере тургандыгын билдирди. Президент Буш терроризмге колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн Сирия менен Иранды күнөөлөдү.

АКШ президенти Жорж Буштун 3-февралда Конгресске жасаган кайрылуусу Кыргызстандын коомчулугунда түрдүү пикирлерди жаратууда. Айрымдары Буш дүйнөгө демократия орнотом деген шылтоо менен башка мамлекеттерге басым жасап жатат дешсе, кээ бир маектештерибиз АКШ мамлекетинин жана анын президенти Жорж Буштун саясатын колдоорун айтышты.

АКШ президенти кайрылуусунун биринчи бөлүгүндө АКШнын ички саясаты жана экономикасы тууралуу кеп кылып, мамлекеттик бюджеттин таңкыстыгы жана азыркы социалдык камсыздоо системасындагы кризис жөнүндө айтып, пенсия системасын реформалоонун зарылдыгын билдирген.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин ою боюнча, АКШ акыркы жылдары согуштук күчтөрүнө көп каражат жумшап, өлкөнүн ички бюджетине зыян келтирүүдө:

- АКШнын федералдык бюджетиндеги акыркы жылдагы эле согуштук чыгымдары 380-400 миллиард доллардан ашып кетти. Ошонун баары пенсияны көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Америка мындан ары да өзүнүн чет өлкөлөргө болгон согуштук иштерин, кыймылдарын жана жардамдарын көбөйтсө, анда өлкөнүн бюджетине сөзсүз түрдө күч келет.

Мурунку элчи Мамбетжунус Абылов АКШнын авторитардык режимди кулатууга жасаган аракетин колдойт:

- Азыр бүт дүйнө боюнча АКШ авторитаризмдин режимдерине каршы болуп, демократиянын кепили АКШ гана болуп жатат.

Жорж Буш өз сөзүндө АКШ аскерлерин Ирактан качан алып чыгып кетери тууралуу сөз кылган эмес. Бирок террористтерге колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн Сирия менен Иранды сындап, Ирандын бийлигин өзөктүк куралга ээ болууга аракеттенүүдө жана элинин эркиндигин чектеп жатат деп күнөөлөгөн. Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун ою боюнча, эгер АКШ Иранга Иракка жасагандай мамиле жасай турган болсо, анда чоң жаңылышат:

- АКШ өзүнүн саясатын Иранга каршы коюп, аны дагы Ирак сыяктуу тартипке келтирем деп ойлосо, анда алар чоң катачылык кетирет. Себеби Иран Ирак эмес. Эгер ошондой ишке бара турган болсо, америкалыктар Европанын да жана башка өлкөлөрдүн да колдоосуна жетпей, өздөрү жалгыз калуусу мүмкүн.

Ишенбай Абдуразаков АКШ Иракка өзөктүк курал бар деген шылтоо менен гана согуш ачкан деген пикирлерге кошулат:

- АКШ Израиль жана башка мамлекеттердин көкүтүүсү менен Иракта өзөктүк курал бар деп согуш ачкан. Бирок ал жок болуп калды. Бирок Америкада азыр нефть ресурстарын колго алуу үчүн абдан чоң аракеттер болуп жатпайбы. Себеби Буш өзү түштүк Америкадагы Техас жана башка мунайзат компанияларынын кызыкчылыгын көздөгөн киши. Бирок кызыкчылыкты көздөп, андай маселени чоң жаңжал менен чечкен эң чоң ката болот.

Бул пикирге журналист Мамат Сабыровдун ою каршы келет. Анын ою боюнча, АКШ Ирактан өзөктүк курал таппаганы менен Саддам Хусейндин тоталитардык бийлигин кулатып, Ирактагы адам укугунун корголушуна шарт түздү:

- Биз АКШны Иракка өз кызыкчылыгы үчүн согуш ачты деп айтканда, бир нерсени эске алышыбыз керек. Өзөктүк курал жок болгону менен ага чейин Иракта адам укугу кандай тебеленгендиги баарыбызга белгилүү болчу. Өзгөчө күрддөр менен шииттердин укуктары бузулуп, кыйынчылык тартканы чындык эмеспи. АКШ нын бардык мамлекеттерде демократия болсун, адам укугу сакталсын деп, ошого жардам берип, көмөк көрсөткөндүгү туура деп эсептейм.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG