Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 06:52

Кыргызстан

ОШ-БИШКЕК ЖОЛУНДА НААРАЗЫЧЫЛЫК ЧАРАСЫ УЛАНТЫЛДЫ

Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Ош-Бишкек жолунун Ноокен районунун аймагында депутаттыкка алты талапкердин жактоочулары эки жаатка бөлүнүп алышып өткөргөн нааразылык чарасы 1-мартта дагы улантылды. Дооронбек Садырбаев баш болгон беш талапкердин шайлоочулары 28-февралдагы митингде коюлган беш талапты аткарбаган жергиликтүү бийликке кошумча мөөнөт беришти. Талаптары 4-мартка чейин орундалбаса, жума күндөн тарта нааразылык чарасын күчөтүшөөрүн эскертишти.

Ноокен айылында өткөн митингде деппутаттыкка беш талапкердин шайлоочулары добуш сатуулар болуп, 27-февралдагы шайлоо калыс өтпөгөнүн белгилешти.

Дүйшөмбү күнү коюлган беш талапты аткаруу үчүн жергиликтүү бийликке 4-мартка чейин кошумча мөөнөт беришип, өтүнүчтөрү аткарылбаса нааразылык акцияларын кайра улантуу чечимине келишти.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Нематжан Азбаров кемчилик кетирген участкалык комиссия кайра түзүлгөнүн айтты:

- Комиссиянын курамын бүтүнү менен жокко чыгарып, кайрадан түзөбүз. Шайлоо участогунда кетирген катачылыктарды сотко бердик.

Райондун акими менен орун басары кызматтан кетсин, талапкер Жеңиш Бейшенкуловду үгүттөгөн өзбекстандык артист жөнүндөгү факты териштирилсин деген Дооронбек Садырбаев митинг кабыл алган кайрылууну Кыргызстандын калкына окуп берди:

- Балким бүгүндөн баштап Ноокен районуна куралдуу күчтөр топтоло башташы мүмкүн. Мындай кырдаалда биздин бүткүл Кыргызстандын калкына кайрылгандан башка аргабыз калбады. Азырынча биздин жападан жалгыз гана талабыбыз бар - ал биздин шайлоочулук укугубузду тебелетпөө. Кыргызстандын ар бир атуулунунун конституциялык укугу сыйланбай турган болсо, анын бардык жоопкерчилиги Акаев башында турган азыркы бийликтин мойнуна жүктөлөт.

Экинчи айлампага жетпей калган талапкер Акыбай Сооронбаев шайлоо таза өткөн жок деп билдирди:

- Таза шайлоо ушулбу? Бир учаскада 500 добуш кетип атат. Мен таза шайлоо болооруна ишенбеймин. .

Жеңишбек Эшенкуловдун шайлоочулары да Маасы айылында чогулушту. Анда ортодо жаңжал чыгып кетпеши үчүн тынчтыкка чакырган райондун акими Тургунбай Анаркулов 13-марттагы шайлоого бийлик кийлигишпейт деп билдирди. Жеңишбек Эшенкуловдун жактоочусу Рабы Карабекова жактоочулары нааразылык билдирип жаткан талапкерлерге сын айтты:

- Дооронбек Садырбаев экинчи турга чыккандан кийин элди бузуштун, улуттук аралык сөздөрдү таркатыштын эмне кереги бар болчу? 20 миңге жакын адам өзүнүн ой-пикирин билдиргенден кийин, эки колун көтөрүп туруп күрөштү уланта бериш керек болчу.

ЭКИ МИҢДЕЙ АДАМ ОШ- КАРАСУУ ЖОЛУН ЖАПТЫ

Кубанычбек Жолдошев, Ош Карасуу районунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайра кароо талаптары менен чыгып жатышкан эки жарым миңден ашуун шайлоочулар Карасуу-Ош жолун бөгөп алышты. Бул кан жолдо кыймыл токтоп, Борбор Азиядагы ири соода бирикмелеринин бири Карасуу базары убактылуу жабылды.

№41 Карасуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Арап Төлөновдун жактоочулары «Алга, Кыргызстан!» саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Байыш Юсупов жеңген шайлоону мыйзамсыз өткөрүлдү деп эсептешип, шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талаптарын коюшууда.

Депутаттыкка талапкер Арап Төлөновдун жактоочулары алардын мыйзамдуу талаптарына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шайлоо комиссиялары көңүл бурбагандыктан жолду бууп алууга мажбур болушкандыгын билдиришти:

- Ушул маалга чейин жооп чыккан жок, элди алдап эле турат. Бүгүн чечилбей турган болсо эртең губернаторго чейин барабыз. Эч жакка кетпейбиз. Жөө болсо да Бишкекке чейин барабыз, - деди нааразылык акциясынын катышуучусу Айгүл Токурова.

№41 Карасуу округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдрасул Абдрахманов шайлоо жараянында мыйзам бузуулар болгон жок деген пикирин билдирди:

- Мыйзам бузган иштер болгон жок. Шайлоо 24 участкада кодекстин негизинде комиссиялардын катышуусу менен жакшы өттү. Сот кандай чечим кабыл алса, эл ошого карап чечим кабыл алышы керек, - деди округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдрасул Абдрахманов.

Шайлоодо талапкер Арап Төлөновдун байкоочусу болгон Бактияр Матисаков аттуу жигит одоно мыйзам бузуулар болгонун, ошондуктан элдин көпчүлүгүндө нааразычылык пайда болгондугун белгиледи:

- Кээ бир участкаларда жашы он сегизге толо элек атуулдарды шайлоого киргизип, аларга жасалма документтерди жасап, бюллетендерин берип, өз талапкерин шайлатышты.

Талапкер Арап Төлөновдун адвокаты Бакыт Бакир уулунун айтымында, Карасуу шайлоо округундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча 1-мартка белгиленген сот иши белгисиз себептер менен кечиктирилип жатат.

АМЕРИКАЛЫК ЖУРНАЛИСТ ПИТЕР ФИНН АЙТЫШКА КЫЗЫГАТ

Республикалык «Айтыш» коомдук корунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз, АКШнын «Вашингтон Пост» газетасынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн директору, журналист Питер Финн менен айтыш өнөрүнүн келечеги жөнүндө «Азаттык» радиосунун студиясында болгон баарлашууга назар салыңыздар.

- Садык мырза, АКШнын «Вашингтон Пост» газетасынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн директору Питер Финн мырзанын өзүңүз негиздеген республикалык «Айтыш» коомдук корунун Кыргызстанда бар экенин тастыктаган алгачкы маалыматты кайсыл булактардан алыптыр?

- 2004-жылы Москванын НБТ телевидениеси «Айтыш» коомунун мүчөлөрүнүн катышуусунда жаш төкмө акындардын алым сабак айтышынан үч мүнөттүк сюжет тартып, «Сегодня» деген акыркы кабарлар программасынан көрсөткөн эле. Ошону Питер Финн мырза москвалык тааныштарынан угуп, кызыгып калыптыр. Жакында Питер мырза Москвадан ак таңдай акындардын өнөрлөрү, «Айтыш» коомунун иштери менен таанышайын дедим эле деп мага телефон чалып калды. Мен өзүмдүн даректеримди бердим. Мына эми бүгүн болсо бетме-бет таанышып, баардашып отурабыз. Үстүбүздөгү жылдын 25-февралында Питер котормочусу менен «Айтыш» коомдук корунун кеңсесине келди. Кордун иштери, келечеги жөнүндө сүйлөштүк. Ак таңдай акындардын видео кассеталарга тартылган алым сабак айтыштарынын тасмаларын өтө кызыгуу менен көрдү. Питерге айтыштар ушунчалык жагып калгандыктан 26-февралда «Айтыштын» кеңсесине экинчи жолу келип, эл артисти, төкмө Тууганбай Абдиев менен жолугушту. Жаш акындар шайлоого байланыштуу айылдарда жүргөндүктөн республикалык, эл аралык кароолорунун, фестивалдарынын, казак, кыргыз төкмөлөрүнүн видео кассеталарда тартылган тасмаларын көрсөттүк. Питер мырзаны акындык, айтуучулук, төкмөлүк, комузда кол ойнотуп чертүү чеберчилиги кызыктырат экен. Анын баарын айтып бердим. Тууганбай болсо дастандан, манастан үзүндүлөрдү айтып, учурашуу, коштошуу жана башка ырларын ырдап, кол ойното комуз чертип берди. Питер Финн Тукамдын ар тараптуу, көп жактуу өнөрүнө ушунчалык суктанып, кайта-кайта ырдатты. Тукам да аябай чечилип, «Гүлгаакыны» ырдап берди:

- Апкытыңдын баарысы асыл таштан Гүлгаакым,
Айкалышып ойномок асыл жаштан Гүлгаакым,
Артыкча бир жаралгансың асылзаттан Гүлгаакым,
Кара саат ичинде сараласың Гүлгаакым
Атаңкап Коңтаажы баласың Гүлгаакым
Ылайым Алла Мухамбет сулалло,
Келме келтир тилиңе, Мухамбеттин динине.


«Вашингтон Посттун» Москвадагы өкүлчүлүгүнүн директору Питер Финнден байыркы акындык өнөрчүлүк кандай таасирлерди калтырды деп микрофон сундум.

- Менин Москвада жашаган таанышым кыргыз акындарынын айтышы жөнүндө айтып берип, аны классикалык рэп музыкасы менен салыштырса болот деген эле. Ошондуктан мен айтышты угууга, көрүүгө кызыккан элем. Көрсө, айтыш таптакыр башка эң байыркы өнөр экен. Мага абдан жакты. Мен айтышты ушунчалык сүйүп калдым.

ПАРЛАМЕНТКЕ 31 ДЕПУТАТ ШАЙЛАНДЫ

28-февралда Кыргызстандын Борбордук Шайлоо комиссиясы жекшембиде болгон парламенттик шайлоонун алгачкы толук жыйынтыгын чыгарды. Биринчи айлампада 31 депутат шайланганы белгилүү болду.

Борбордук Шайлоо комиссия төрагасы Сулайман Иманбаевдин билдирүүсү боюнча, шайлоо өткөрүү жарыяланган 74 округдун 73үндө шайлоо өттү.

28-февралда кечки саат алтыда чыгарылган санак боюнча 31 округда депутат шайланды. №34 Кочкор шайлоо округундагы шайлоочулардын 62 проценти талапкерлердин баарына каршы добуш бергендиктен, ал округда шайлоо болгон жок деп табылды.

Калган 42 округда 13-мартта шайлоонун экинчи туру өткөрүлөт. Биринчи турда жеңишке жеткендердин ону «Алга, Кыргызстан» партиясынан, бирөө «Адилет», бирөө «Жаңы күч» партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлер.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин билдирүүсү боюнча, шайлоо мыйзам чегинде жана одоно мыйзам бузууларсыз өттү:

-Кандай гана шайлоо болбосун, кайда гана болбосун бу бийлик үчүн күрөш болгондон кийин тиги же бул каталыктар,мыйзам бузуулар болбой койбойт. Мыйзам бузуулар тууралуу бизге жеткен маалыматтар боюнча республикада шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир эткендей деңгээлдеги бир дагы мыйзам бузуу болгон жок.

Анткен менен Кыргызстандагы бир катар оппозициялык кыймылдар, анын ичинде шайлоону адилет өткөрүү максаты менен түзүлгөн «Кыргызстан элдик кыймылынын» өкүлдөрү дүйшөмбүдө өткөн жыйында шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өттү деп баа беришти.

«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова адилет шайлоо болду деген ойлорго каршы:

- Шайлоо адилет болгон жок. Мына биздин эле шайлоо участкабыздагы талапкер шайлоочуларды машина-машина кылып ташып, добуш берип чыккандан кийин ар бирибине арак таркатты. Ал боюнча биз акт түздүк. Негизинен, Кыргызстан боюнча шайлоо адилет өткөн жок. Административдик ресурстар катуу иштеди.

«Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева болсо добуш сатып алуу аракеттеринин күч алышына бийлик көз жумуп койду деген ойдо:

- Акча таратып, арак берип жатканын өкмөт көрүп туруп эле билмексен болот. Демек, муну менен элге эркин шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берилген жок. Акаевдин "демократиялуу" өкмөтүнүн жүзү мына ушундай!

Шайлоонун алгачкы жыйынтыгында Кыргызстандын бийлик жана ишкер чөйрөсүндө салмакка ээ үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана президенттин уулу Айдардын депутат болушу коомдун айрым өкүлдөрүнүн нааразылыгын жаратууда.

Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин билдирүүсү боюнча, бир туугандардын же бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн парламентке келишине мыйзам чек койбойт:

- Мыйзам боюнча жарандыгы, жашы, турган жери, соттолгондугу жана ден соолугуна байланыштуу чектөөлөр бар. Андан башка эч кандай чектөө жок. Бир туугандар болобу, аялы менен күйөөсү болобу парламентке мүчөлүккө талапкер болууга акысы бар. Аны шайлоону же шайлабай коюуну эл чечет. Бул көрүнүш Жогорку Кеңештин ишине эч кандай таасир бере албайт.

Парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгында талапкер катары каттоодон өткөн 36 аялдын бири да жеңишке жетпей, үч гана аял- Бермет Акаева, Шарипа Садыбакасова жана Ольга Безбородова жарыштын экинчи айлампасына калды.

Бул көрүнүш Кыргызстанда гендердик саясат тайкы жолдо экендигин айгинеледи. Мыйзам чегинде аялдардын шайланышына чек жок деген БШК төрагасы Сулайман Иманбаев добуш берүүгө улуттук менталитет таасир берди деп билдирди. Анын айтымында, аялдардын шайланышына атайын шарт түзүү маселеси эми 2010-жылга чейин чечилбей турган көйгөй:

- Бул Жогорку Кеңеш 5 жылга шайланды. Квота берүү маселеси 2010-жылдан баштап гана каралышы мүмкүн.

ШАЙЛООЧУЛАР ОШ-БИШКЕК ЖОЛУН БУУДУ

Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Жогорку Кеңештин депутаттыгына №24 Ноокен шайлоо аймагынан талапкер болгон беш жарандын жактоочулары 28-февралда Ош-Бишкек жолун жабышты. Митингдин катышуучулары бийлик жана округдук шайлоо комиссиясына беш талап коюшту. Эгер талаптары 1-март күнкү саат онго чейин аткарылбаса, нааразычылык чараларын улантууну убада кылышты.

Митингде Ноокен шайлоо аймагында праламенттик шайлоо кыйла мыйзам бузуулар менен өткөнү айтылды. Шайлоочуларга арак-шарап, акча таркатылып, туура келбеген документтер менен добуш берүүлөр болгонун эки талапкердин ишенимдүү кишиси Токтосун Эсеналиев элге айтып берди:

- Өз көзүм менен көрдүм, бирөөсү 2-С деп туруп Эсенкулга жазып койуптур. Ал 200 сом алган экен, аты бөлөк, фамилиясы Алимбаев болсо Алибаев деп берип атат.

Байкоочу Кайриниса Шералиеванын мыйзам бузуулар жөнүндө билдирүүлөрүнө шайлоо комиссиялары маани берген эмес:

- Азыр кирип баарын айттык эле угуп да, карап да койгон жок.

Талапкер Мирус Эгембердиевдин тастыктоосу боюнча, шайлоого жергиликтүү бийлик жана салык кызматтарынын жетекчилери кийлигишкен. Шайлоо комиссиясы беш талапкер үчүн берилген 534 добушту экинчи айлампага чыккан талапкер Жеңишбек Эшенкуловдун пайдасына кошуп салган:

- Эшенкулов деген талапкердин пакетине берилген миң добуш бар экен. Ошону ачып эсептегенибизде 534 башка биздин кандидаттардын бюллетендери болуп чыкты. Алар аралашып кеткен.

Ош-Бишкек жолу тосулган жерден бизге учураган райондук салык кызматынын орун басары Эркин Кайыпов мамлекеттик кызматкерлердин шайлоого кийлигишти деген сөздөрдү четке какты:

- Президентти жамандап аткан адамдар, эмне кийинки президент жакшы иштейби. Шайлоого эч кандай бийлик аралашкан жок.

Нааразылык чарасынын катышуучуларын Ош-Бишкек жолун ачууга чакырган Дооронбек Садырбаев митингчилердин талабын мындайча элге окуп берди:

- Жеңишбек Эшенкуловдун кандидатурасы алынып салынсын. Шайлоо жараянына мыйзамсыз кийлигишкени үчүн Ноокен районунун акими Тургунбай Анаркулов, анын орунбасары Абдыманап Токтогулов кызматынан кетсин.

Райондун акими Тургунбай Анаркулов кырдаал курчуй турган болсо, ага талапкер Дооронбек Садырбаев жооптуу болоорун эскертти:

- Ден-соолукка карап иш кылалы. Балдар, келечек жөнүндө ойлойлу. Митингдерди уюштуруп, жөн эле жалган кичинекей нерсени төөдөй кылып жиберүүгө болбойт. Эртең бир нерсе болсо, анда күнөөлү Дооронбек Садырбаев болот. Мен мойнума ала албайм.

Талапкер Жеңишбек Эшенкуловдун жүздөй тарапкери Ош-Бишкек жолунун экинчи тарабында жыйналыш өткөрүштү. Анда жол тосуу мыйзамсыз иш чара деп белгиленди:

- Ачык эле айтайын жасалган бюллетенди алар атайын уюштурушкан. Мисалы, мен 9 миң добуш алып атам. Жол тосулбаш керек, бул- кан жол, эл өздөрү канча чыгымга барат, бул мыйзамсыз.

“Азаттык” архивиндеги сүрөт: Кочкордогу нааразылык чаранын катышуучулары

ПАРИЖ КЛУБУ КЫРГЫЗСТАНДЫН ТЫШКЫ КАРЫЗЫН 10-МАРТТА КАРАЙТ

Сапар Орозбаков, Бишкек Өкмөт көптөн бери Париж клубу Кыргызстандын тышкы карызынын бир бөлүгүн кечет деп үмүт кылып жатат. Премьер-министр Николай Танаев жакында Париж клубунун бул маселеге байланыштуу отуруму 10-мартта болорун жарыя кылды.

Өкмөт башчы Николай Танаев 24-февралдагы журналисттер менен жолугушуусунда Париж клубу Кыргызстандын тышкы карызын 10 мартта карай тургандыгын билдирди:

-Биздин маселени карай турган Париж клубунун отуруму 10-мартка белгиленди. Анда биздин карыздын бир бөлүгүн Неаполь келишиминде белгиленген шартта кечүү маселеси каралат. Бул шарт биз үчүн жакшы шарт. Эгерде карызды кечип калышса, 450 млн долларды кечишет – деди Николай Танаев.

Премьер-министр Париж клубу кандай ойдо болуп жатканы тууралуу эч нерсе айткан жок. Бирок ал 22-февралда Эл аралык валюта корунун аткаруу комитетинин отуруму болуп, анда «Жакырчылыкты кыскартуу жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү» аттуу былтыр биздин өлкө аягына чыгарган программа жакшы аткарылды деп табылганын белгиледи. Ошондой эле ал алдыдагы 3 жылга жаңы программа бекитилгенин кошумчалады.

Өткөн жылдын октябрь айына карата таратылган маалымат боюнча Кыргызстандын тышкы карызы 2 млрд 343 млн долларды түзөт. Анын ичинде казынадан түздөн түз төлөп бере турган мамлекеттик карыз - 1 млрд 644 млн доллар. Мындай карыз дүйнөлүк практикада өтө оор карыз деп эсептелет.

Дүйнөлүк банк жылыга өлкөлөр алган карыздардын эсебин алып, аларды карыздын оордугуна жараша «эң көп карызы бар өлкөлөр», «орто көлөмдөгү карызы бар өлкөлөр» жана «карызы аз өлкөлөргө» бөлүштүрүп турат. Анын маалытаттарына ылайык, эң көп карызы бар өлкөлөрдүн тобуна КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандан тышкары жалгыз Тажикстан кирет. Дүйнөлүк банк Өзбекстан менен Түркмөнстанды орто көлөмдөгү карызы бар өлкөлөрдүн катарына кошот. Калгандарынын баарын ал карызы аз өлкөлөр деп эсептейт.

Эл аралык валюта корунун адистеринин пикири боюнча, Кыргызстандын тышкы карызы анын мындан аркы экономикалык өнүгүүсүнө өтө чоң тоскоол болот:

-Экономикалык өнүгүүгө негизги тоскоолдук болуп тышкы карыздын көптүгү эсептелет. Бул бюджетти толтурууга байланыштуу баардык аракеттерди жасоону талап кылат - дейт Эл аралык валюта корунун кызматкери Тапио Саавалайнен.

Кыргызстан чет өлкөдөн алган карыздарын график боюнча өз убагында кайтарып бере албай келет. Бирок кредит берген өлкөлөр да буга чейин сөзсүз төлөп бергин деп, Кыргызстанды дефольт жарыялаганга мажбурлашкан эмес.

2002-жылы Париж клубу Кыргызстандын тышкы карызынын бир бөлүгүнүн төлөп берүү мөөнөтүн артка жылдырып, абал бир аз жеңилдей түшкөн. Бирок чет өлкөлүк эксперттердин пикиринде ал дагы эле коркунучтуу бойдон калууда. Алар Кыргызстандын экономикасы жылыга 5% менен өсүп турса дагы, Париж клубу кырыздын бир бөлүгүн кечмейин, Кыргызстан бул коркунучтуу абалдан өз алдынча чыга албайт деп эсептешет.

-Эгерде Париж клубу менен тышкы карыздын негизги суммасын кыскартуу тууралуу сүйлөшүү ишке ашса, Кыргызстандын тышкы карызы он жылдыктын акырында коркунучтуу болбой калат деп үмүт кылууга олуттуу негиз бар –
дейт Тапио Саавалайнен.

Акырында белгилей кетчү бир нерсе, өкмөт мүчөлөрү кечет деп 450 млн долларды атап жүрүшөт. Каржы министрлигин кызматкерлеринин айтымында, бул так эмес. Кыргызстандын өлкөлөрдөн жана ар кандай компаниялардан түздөн түз алган кредити 450 млн доллардан бир аз ашат.

Париж клубу ошол гана гана акчанын Неаполь келишими боюнча үчтөн экисин гана кече алат. Мындай болгондо Париж клубу кече турган акча 450 млн долларды эмес, 350 млн долларды түзөт.

ШАЙЛООНУН ЭРТЕСИ, ЭЛ БААТЫРЫНЫН ЖЕҢИЛИШИ, ЖАЗГА ДАЯРДЫК НАЧАР

1-марттагы “Аалам”, “ Агым” гезиттери парламенттик шайлоонун жүрүшү тууралуу жазды. Ал эми “Эркинтоо” басылмасы “МСН” гезитин сынга алган макалага орун берди.

1- марттагы “ Агым” гезитинде кабарчы Айнагүл Сапарбек кызы жекшембидеги шайлоонун жүрүшүн байкоого алгандар тууралуу маалымдады. “Иса Токоев башында турган Кыргызстан элдери ассамблеясы парламенттик шайлоо эң жогорку уюшкандыкта, мыйзам бузууларсыз тынч, улуттар аралык ынтымакта жана активдүүлүк менен өттү деп баалайт. Ал эми “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын төрагасы Эдил Байсалов “шайлоо таза жана акыйкат өткөрүлдү деп эсептебейт. Алардын билдирүүсүнө караганда мыйзам бузууларга жол берилди” деп жазат автор.

“Агымдын” ушул санында кабарчы Жолдошбек Зарлыкбеков “Кыргызстандын ырасмий бийлиги орус басма кабарчыларына бөйпөктөй бермей империялык адаттан кала элек. Кыргызстанда ырасмий катталган 43 чет элдик, анын 27си орусиялык журналист бар. Кандай саясый окуя болсо да кесиптештерибиз орус бийлигинин көз карашынан гана кабар айтып келатат” деп басма сөздү талдоого алат “Агым” гезитинде кабарчы Жолдошбек Зарлыкбеков.

Ушул басылмада кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу катчысы Гүласина Каленова мындайча айтып берди:

- Жогорку кеңешке депутаттыкка ат салышуунун жүрүшү тууралуу адистердин, байкоочулардын жана шайлоочулардын пикирлери, белгилүү экономист Айылчы Сарыбаев менен журналист Алым Токтомушевдин “Ойлонуп отто, депутат ” деген маеги, коомдук жана мамлекеттик ишмер, маркум Жумгалбек Аманбаевди эскерген уулу Нурландын “Атамды көргөн өлбөсүн” аттуу макаласы жарык көрдү.

1-марттагы “Аалам” гезити көз карандысыз байкоочулардын парламенттик шайлоо таза жана калыс өтпөгөнүн, шайлоонун алдында бийлик тарабынан эркин маалымат каражаттарына кысым көрсөтүлгөнүн, Тоң жана Кочкор аймагындагы окуялардын чыгуу себептерин иликтөөгө алды.

Журналист Аида Надырбекова маек курган экс- министр Муратбек Иманалиев “Тазалыкты бийлик өзүнөн баштоосу керектигин, жаңы парламентке бийликтин өкүлдөрү арбын өтсө, коррупция дагы өсүп, ага эл чыдай албастыгын” айткан.

“Аалам” басылмасында журналист Дыйканбек Садык уулу өлкөдөгү айыл чарбасынын абалына сереп салып, учурда жазга даярдык начар экенин, былтыр 120 миң гектар жер иштетилбей кысыр калганын, быйыл 665 миң гектарга үрөн жетишсиз экенин талдоого алат.

Ушул басылмада кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин редактордун орун басары Кенжебек Арыкбаев мындайча айтып берди.

- Шайлоонун жүрүшү кеңири чагылдырылып жатат. Белгилеп айта кетчү жагдай, бийликтегилер канчалык таза шайлоо өткөрөбүз дегени менен өздөрү мыйзам бузуп, шайлоонун “шайтан оюндары” болуп жаткандыгы талдоого алынды. Мисалы, Атбашы шайлоо аймагында акыл- эсти акча жеңгени тууралуу сын пикир бар. Ошондой эле парламентке ат салышкан 30дан ашуун кыз- келинден экинчи турга экөө гана калганы тууралуу да маалымат бар. Кочкор аймагындагы шайлоодо Кыргыз эл баатыры Турдакун Усубалиевге жана башка талапкерлерге каршы добуш берүүнүн себептери да талдоого алынды.

28-февралдагы “Вечерний Бишкек” басылмасы парламенттик шайлоонун жүрүшү тууралуу бир нече репортаж берди. “Шериктеш өлкөлөрдөн келген байкоочулар шайлоочулардын активдүүлүгүнө баа берди. Кезек күткөнүнө карабай бармакка белги салуудан чочубай, добуш беришти” деп кабарчы Виктор Мурзов маалымдады.

27-февралдагы парламенттик шайлоодо президент Аскар Акаев № Тоголок Молдо округунда добуш берди. Добуш берүүдөн кийинки маалымат жыйынында мамлекет башчысы Конституцияны көздүн карегиндей сактоого чакырды деп жазат кабарчы Евгений Денисенко.

1- марттагы “Эркинтоо” басылмасы 27- февралдагы парламенттик шайлоого катышкан бардык талапкердин канча пайыз добуш алганын толук жарыялады. Ушул басылмада кабарчы Жумабек Токтогазиевдин “МСН” гезитин сынга алган макаласы басылды. Мында журналисттер Рина Приживойт менен Александр Кимди эки календерге теңеп, алардын “чуут” макаласы журтчулуктун кыжырын келтиргени айтылып, “бизде президентибиз тарабынан басма сөз эркиндигине чексиз мейкиндик берилген. “Боекчу, боекчу десе эле, сакалын кошо бойойт” болуп элибидин ортосуна көзгө көрүнбөгөн жараканы казып, анысын түпсүз ор сыяктуу терең үңүп жатышат. Алар элди ажобуз аркалуу бөлүп- жарууну көздөгөндөр, Атажуртка күйүп- бышкандардан эмес. Кеч боло электе буларды мыйзам боюнча жоопко тартуу керек ” деп жазат автор.

БАТЫШ БАЙКООЧУЛАРЫ НААРАЗЫ

Аманбек Жапаров,Бишкек Шайлоолорго байкоо жүргүзгөн уюмдардын Европа тармагынын өкүлдөрү 28-февралда өткөргөн маалымат жыйында Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоонун жүрүшүндө одоно мыйзам бузууларга жол берилгендиги айтылды. Алардын баамында, шайлоо аткаруу бийлигинин кысымы астында өттү.

Шайлоолорго байкоо жүргүзгөн уюмдардын Европа тармагы 2001-жылы түзүлгөн. Борбордук жана чыгыш Европа,КМШ өлкөлөрүндө 110 ашуун жалпы элдик шайлоого байкоо жүргүзүп, 100 миңден ашуун шайлоого байкоочуларды даярдаган. Кыргызстанга аталган тармактын 12 өлкөдөн 30 байкоочусу келди.

Байкоо жүргүзүүчү миссиянын тең төрагасы словакиялык Петер Новотный айрым талапкерлерге кысым болгонун белгиледи:

-Негизинен биз шайлоо күнү 250 участокто байкоо жүргүздүк. Биздин байкашыбызча шайлоого чейин айрым талапкерлерге аткаруу бийлиги тарабынан кысым көрсөтүлүп, шайлоодон четтетилип, мыйзамсыз жорук жосундар жасалды. Ал эми шайлоо учурунда добуш берип жаткан элдин кооптонуп, корккон абалына күбө болдук.

Петер Новотныйдын айтымында, шайлоочулардын тизмесин түзүүдө жок кишилерди кошуп жазууларга жол берилген. Бир катар округдук комиссия байкоочуларды шайлоого катыштырбай, мониторинг жүргүзүүгө тоскоолдук жасаган.

Шайлоолорго байкоо жүргүзгөн уюмдардын Европа тармагынын маалымат катчысы Александр Кынев шайлоо өнөктүгү начар уштурулгандыгын, айрым участоктордо одоно мыйзам бузуулар катталганын билдирди:

- Тартип коргоо органдары,райондук администрация чиновниктери, жергиликтүү айыл өкмөттөрүнүн башчылары, ишкана жетекчилери тарабынан шайлоочуларга кысым жасалып, жогор жактан көрсөтүлгөн талапкерге добуш берүүгө көрсөтмө берген учурлар болду.

Александр Кынев шайлоо учурунда айрым участоктордун жанында кээ бир талапкерлердин жандоочулары үгүт иштерин жүргүзүшүп, кайталап добуш берген адамдар болгондугун билдирди. Анын баамдашынча, Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоо эл аралык талаптарга жооп бербейт.

Шайлоолорго байкоо жүргүзгөн уюмдардын Европа тармагынын өкүлү Досмухамбет Кошим шайлоо комиссияларын түзүүдөгү катачылыктарга токтолду.

- Шайлоо өнөктүгүнө комиссияларды түзүүдөгү кемчиликтер - Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүндөгү баш оору. Мындай көрүнүш Кыргызстандагы негизги проблемалардын бири экен. Экинчиден, шайлоо комиссияларын жогорку деңгээлде окутуп даярдоо жолго коюлбаптыр.Үчүнчүдөн, БШК төрагасы билдиргендей,каалаган эл аралык уюмдарды шайлоого байкоо жүргүзүүгө чакырып, көз карандысыз байкоочуларды катыштырбоо демократиянын принциптерине дал келбейт.

Шайлоолорго байкоо жүргүзгөн уюмдардын Европа тармагынын өкүлдөрү кыргыз бийлигине эл аралык талаптарга ыктаган бир катар сунуштарды жолдошмокчу.

НАРЫНДА АЙРЫМ БАЙКООЧУЛАР СОТКО КАЙРЫЛДЫ

27-февралда Нарын шайлоо округунда добуш берүү маалында мыйзам бузуулар болуп, аны териштирүү үчүн айрым байкоочулар шаардык сотко кайрылган. 28-февралда бул окуяга байланыштуу Нарын шаарында нааразычылык чарасы болуп, ал жолдун эки саатка жабылышы менен коштолду.

27-февраль күнү кечки саат 7лерде 4047 Университет шайлоо участогунан байкоочулар Олжобаев Руслан, Базарбаева Перизат, Рыспаев Ниязбек, Турусбекова Гүлкайыр жана Жусупова Асыл болуп, талапкер Карганбек Самаковдун жактоочулары кечке чейин адамдарды ага добуш бердиртүү үчүн автоунаа менен ташыгандыгы жөнүндө акт түзүп, арыз менен Нарын шаардык сотко кайрылышкан.

Нарын шаардык соту Советбек Сыдыков ал ишти кароону 28-февралда саат онго дайындаган. 28-февралда сот Советбек Сыдыков далилдерди текшерип аныктоо үчүн прокуратурага жиберилгенин, ишти кароо 3-мартка саат онго дайындалганын билдирди.

Бул иш жөнүндө талапкер Турсунбек Акун мындай дейт:

- Соттор айтып атат бизге кайрылбайсыңарбы, жазып бергиле деп. Менин байкоочуларым, Кадырбектин байкоочулары жазып беришти. Фотопленка бар, видеокамерага тартып алганбыз. Кароонун ордуна булар эмне кылып атат? Улум-улам күндү созуп атат. Карганбек Самаковдон 300 сом алдым дегендердин колунан кагаз алдым.

Турсунбек Акундун отузга чукул жактоочулары облустук мамлекеттик администрациясынын алдына келишти. Алар «Аракка алданган элдин келечеги жок», «Эл качан абийрин акчага сатчу эле?» деген плакаттарды көтөрүп турушту. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү чыкпаган соң, алар шаардын борбордук көчөсүн тосушуп, автоунааларды өткөрбөй турушту.

Андан соң пикетчилерге облус губернатору Шамшибек Медетбеков, шаар мэри, вице - мэр, шаардык кеңештин төрагасы Амантур Абдыкеримов чыкты. Бирок эки тарап бир сөзгө келе албай, жолугушуу кайым айтышууга айланды.

Андан соң милиция кызматкерлери пикетчилерди күч менен таратканга аракет кылышты. Айрым маалыматтарга таянсак, пикетчилерди тартып жүргөн жергиликтүү көз карандысыз «Аян» телевидениесинин камерасын милиция кызматкерлери тартып алган.

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин өкүлү Улан Иманкулов билдиргенге Караганда, бул маалыматты Нарын райондук ички иштер бөлүмү тастыктаган да, жокко чыгарган да жок.

Нааразылык чарасы бир жарым саатка созулду. Пикетчилердин айтымында, алар 3-марттагы соттун чечимин күтүшөт.

Сүрөттө: депутаттыкка талапкер Турсунбек Акун

БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР: КОЧКОР МЕНЕН АКСЫДАГЫ ШАЙЛОО - ЖАКШЫ БЕЛГИ

Чолпон Орозобекова, Бишкек Парламенттик шайлоого жергиликтүү бейөкмөт жана коомдук уюмдар да байкоо жүргүздү. Бейөкмөт уюмдардын баамында, бул парламенттик шайлоону таза жана адилет өттү деп айтканга болбойт. Жергиликтүү айрым байкоочулардын пикиринде, бийлик канчалык административдик куралдарды пайдаланып, шайлоонун жүрүшүнө кийлигишкенге аракет кылган менен өздөрүнүн шайлоочулар демократиялык эркин көрсөтө алышты.

Кыргызстан элдер ассамблеясынан шайлоого 776 байкоочу көз салган. Ассамблеянын байкоочуларынын айтымында, быйыл добуш берүүдө шайлоочулар мурда болуп көрбөгөндөй активдүүлүгүн көрсөтүштү.

Ассамблеянын төрагасы Иса Токоев «АКИпресс» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында шайлоо ал күткөндөн бир кыйла жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи:

- Мен мындан начар өтүп калат го дегем. Биздин байкоочулардын талдоосуна караганда, бул шайлоо бир кыйла жогорку деңгээлде өттү. Айрыкча мамлекеттин шайлоонун жүрүшүнө кийлигишпегени жакшы болду.

Иса Токоевдин айтымында, бармакка белги коюу ыкмасы ишти жайлатканы болбосо, шайлоонун жүрүшүнө тоскоол болгон жагдайлар болгон жок:

- Шайлоочулар көп келген убакта ар биринин бармагын текшерип, анын боек чачып аттык да. Ошол учурда узун кезек болуп, эл күтүп калып атты.

Ушул эле күнү «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы да шайлоо боюнча алгачкы байкоолору менен бөлүштү. 59 округга байкоо салган коалиция башкалаадагы Юнусалиев, Ахунбаев жана региондордогу айрым округдардагы шайлоонун жыйынтыгына күмөн саноо билдирди.

Эдил Байсаловдун пикиринде, бул парламенттик шайлоодо бармакка белги коюу ыкмасынын жана тунук үкөктөрдүн киргизилиши өңдүү демократиялык кадамдар жасалганына карабастан, таза жана адилет шайлоо болду деп айтууга болбойт:

- Шайлоо жараянына мамлекеттин кийлигишүүсүн, мамлекеттик телеканал аркылуу оппозициялык маанайдагы талапкерлерге жасалган чабуул өңдүү жагдайлар шайлоону адилет өттү деп айтууга жол бербейт.

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» уюмунун байкоочулары эки топ менен иштеди. 150 кишиден турган жаш байкоочулардын тобу жарышып добуш саноо менен студенттер арасында мониторинг жүргүзүштү. Аталган топ шайлоонун жүрүшүндө студенттерге айрыкча басым жасалып, коркутуп- үркүтүүлөр көп болгонун белгилейт.

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмдун лидери Төлөйкан Исмаилова Бишкектеги №1 Университет округунда административдик басым болгонуна карабастан шайлоочулар демократиялык эрк көрсөтүштү деген ойдо:

- Деканаттар студенттерди коркутуп, үгүт кампаниясынан мурда эле жаштарды үгүттөй башташкан. Бул округда административдик басым күчтүү болду, бирок жаштар атуулдук позициясын көрсөтө алышты. Бул округда экинчи тур болмок болду, бул да элдин демократиялык жеңиши деп эсептейм.

Төлөйкан Исмаилованын пикиринде, бийликтин шайлоонун жүрүшүнө кийлигишүү жана бурмалоо аракетине карабастан Кочкордо, Аксыда жана бир катар аймактардагы элдин тандоосу көп нерседен кабар берет:

- Аксы эли дагы бир жолу атуулдук позициясынын бекемдигин далилдешти. Кочкордун эли өз талапкерине добуш бере албай калышына, соттордун адилетсиздигине жана деги эле азыркы бийликке нааразылык көрсөтө алышты. Бишкектеги Тоголок Молдо округунда Муратбек Мукашевдин «Алга, Кыргызстан» партиясынын мүчөсүн жеңип чыгышы да элдин аң- сезими өскөндүгүнүн жана элди бийлик алдай албастыгынан кабар берет. Мына ушул окургдардагы шайлоо өзүнчө феномен болуп калды.

Көпчүлүк байкоочулар Кыргызстандагы парламенттик шайлоо добуш сатып алуу аракеттери, талапкерлер ортосундагы теңсиздик жана соттордун адилетсиздиги өңдүү бир нече факторлорго карабастан алдыдагы президенттик шайлоодо элдин демократиялык тандоосу жеңет деген үмүт пайда кылганын айтышууда.

КМШ БАЙКООЧУЛАРЫ ШАЙЛООГО ЫРААЗЫ

Дүйшөмбүдө КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары 27-февралдагы парламенттик шайлоо тууралуу билдирүү таратты. Анда парламент шайлоо азыноолок мүчүлүштүктөрүнө карабастан мыйзамдык талаптарга ылайык өткөндүгү айтылат. А бирок, андай көңүлток билдирүүнү айрым байкоочулар колдобойт.

КМШ аткаруу комитетинин жетекчи орунбасары Асан Кожаков Кыргызстандагы парламент шайлоого КМШ өлкөлөрүнөн 218 адам байкоо жүргүзгөнүн, алар айрым бир мүчүлүштүктөрдү эсепке албаганда, жалпысынан шайлоо мыйзам талабына ылайык өткөнүн белгилешкенин айтты:

- Өлкөнүн улуттук мыйзамы боюнча туруктуу жашоо талабына ылайык эл аралык уюмдарда жана Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүн жетектеген инсандардын депутаттыкка талапкер катары катталбай калышы көпчүлүктүн көңүлүн бурган окуя болду.

Шериктештиктен келген байкоочулардын баамында, мындай адам укугун бузган мыйзам нормасы өзгөртүлүшү керек.

- Айрым талапкерлер шайлоо алдында эрежеге коошпогон ыкмаларды колдонушту. Шайлоодон четтетилген талапкерлер элди добуш берүүгө катышпоого чакырышты. Анан да шериктештиктен келген байкоочуларды БШКнын шайлоо участоктору даяр эмес деп №75-Тоң аймагында добуш берүүнү кийинкиге жылдырып койгону таң калтырды,- деп билдирди КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар штабынын жетекчи орунбасары Асан Кожаков.

Шайлоого даярдык көрүү маалында, добуш берүү мезгилинде олуттуу мыйзам бузуулар болгон жокпу суроосуна А.Кожаков мындай жооп узатты:

- Сизде конкрет маалымат болсо айтыңыз, биз андай ишти көргөнүбүз жок. Бардык талапкерлерге бир барак кагазга текстин жазып алып мамлекеттик телекөрсөтүү аркылуу чыгууга мүмкүнчүлүк берилген.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Сергей Большаков Кыргызстандагы парламент шайлоонун кемчилиги бармакка белги коюу болду деп эсептейт:

- Кесиптештерим менен мага бармакка белги коюудан улам элдин көбү добуш берүүгө келбей коюшкандай таасир калтырды.

Украина Улуу Радасынын депутаты Василий Гаврилюк кесиптештеринин көңүлток билдирүүсүндө айтылган мактоо кептерге кошулбастыгын айтып, бийлик шайлоочулар менен талапкерлерге катуу кысым көрсөткөнүн маалымдады.

- Шайлоо участокторунда олуттуу мыйзам бузуулар болгону катталган жок. Жанатан бери айтылган айрым мүчүлүштөргө токтолбой эле коеюн. Бирок да, шайлоочуларды ташып келүү, шайлоо учурунда үгүт жүргүзүүлөр болгонун ырастаган фактылар бар. Билдирүүдө арыздар түшкөн жок деп белгиленгени менен, чын-чынына келгенде алар арбын болду. Мен көп кишилер менен жолугушуп аңгемелештим. Мектептердин, уюмдардын жетекчилери бирооздон шайлоо алдында бийлик тарабынан опсуз чоң кысым жасалганын айтышты. Бул фактыларды жаап коюш кыйын. Кыргызстан алдыга жылган менен, азырынча олуттуу демократиялык өзгөрүүлөргө жетише элек.

Василий Гаврилюктун ырасташынча, шайлоо даярдыгы мыйзам бузуулар менен коштолгон:

-КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары Украинадагы шайлоону да мактап кетишкен. Терең үңүлө карап келгенде толгон-токой мыйзам бузуулар кийин калкып чыкты,- дейт украиналык эксперт.

АДИЛЕТ ШАЙЛОО ҮЧҮН КҮРӨШ УЛАНУУДА

Айданбек Акмат уулу, Бишкеk 28-февралда Бишкектеги Максим Горькийдин эстелигинин алдында оппозициялык партиялардын жана коомчулуктун 300дөй өкүлү парламенттик шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыгын чыгарууга аракет жасады. Бул иш чара атайын уюштурулган чагымчылардын чыр салышы менен коштолду.

Жаштардын “Келкел” уюмунун 40тан ашуун өкүлү сары плакаттарга жазылган ураандарын көтөрүп, өздөрү минтип кыйкырып келишти:

- Качан биз бирге болгондо-бизди эч ким жеңе албайт.

Бишкек шаарынын милиция башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев элдердин чогулуусун, “Келкелдин” акциясын мыйзам чегинде деп билдирди:

- Жашкы баалап атабыз. Бул демократиянын бир көрүнүшү. Мына тыптынч турушат. Ушинтип турса тура беришсин. Күнү-түнү жатып алып өткөрсө дагы биз каршы эмеспиз. Мыйзам бузулбаса болду да.

“Атажурт” коомдук саясий кыймылынын лидери Роза Отунбаева калайык бул жерге парламенттик шайлоонун биринчи турунун жыйынтыгын чыгаруу үчүн чогулганын айтып, кыймылдан көрсөтүлгөн талапкерлер тууралуу буларды билдирди:

-Бизден “Атажурттан” Муратбек Мукашев биринчи турда жеңишке жетишти. Кыймыл колдоого алган 12 талапкердин көбү экинчи турга өттү. Биз акырына чейин күрөштө болобуз. Алардын баарын өткөргөнгө аракет кылабыз. Ошондуктан эч нерсе утула элек.

Дал ушул учурда 10 чакты ажаандаган аялдар “Келкел” уюмунун активисттери көтөрүп турган плакаттарды жулуп алууга, айрып салууга аракет жасай баштады. Ортодо ызы-чуу күчөдү.

Кыргызстан элдик кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү Замира Сыдыкова ага карабй күчтөндүрүп сүйлөгүч аркылуу бул жерге элдин чогулуу максатын түшүндүрө баштады:

- Кыргыз телекөрсөтүүсү шайлоолор ачык жана акыйкат өттү деп жарыялоодо.Биз бул жерде ошол шайлоого активдүү катышкан адамдардын пикирин билели деп чогулдук. Биздин талапкерлердин кимиси өткөнүн, оппозиция лидерлерин өткөрбөө үчүн кандай иштер жүргүзүлгөнүн, мыйзам бузуулар болгонун билгибиз келген.

Оппозиция өкүлдөрү өз пикирлерин чогулгандарга жеткирүүгө аракет жасаган учурда да чагымчылардын чатак салуусу токтогон жок. Милиция кызматкерлерин жардамга чакыруу аракети эч кандай натыйжа берген жок.

Бишкек шаардык милициясынын башчысынын орун басары Петр Тяблин чагымчыларды тартипке чакырууга болбойбу деген сурообузга минтип жооп берди:

- Кызыктай суроо бересиз да.

Митингиге айланган жыйналыштын соңунда оппозиция лидерлери Роза Отунбаева, Ишенгүл Болжурова, Виктор Черноморец, Топчубек Тургуналиев жана башкалар Горький аянтына келген ондогон чет өлкөлүк журналисттердин суроолоруна жооп берди. Андан кийин аянтка чогулган эл тарады.

ОШ-АРАВАН ЖОЛУНДАГЫ НААРАЗЫЛЫК ЧАРАСЫ

Кубанычбек Жолдошев, Араван Ош облусунун Араван районунда талапкер Турсунбай Алимовдун 3 миңден ашуун жактоочулары Ош-Араван жолун бууп, нааразычылык акциясына чыкты. Шайлоодо атаандашы Мамасаидовдон жеңилген Турсунбай Алимов жолду ачып коюуну суранса да, анын жактоочулары жолду ачуудан баш тартышты.

№44 Араван шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Турсунбай Алимовдун тарапкерлери Ош кыргыз-өзбек университенин мурдагы ректору Махамаджан Мамасидовдун пайдасы үчүн добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда мыйзам бузууларга жол берген деп жергиликтүү шайлоо комиссияларын айыпташып, эртең мененки саат төрттөн бери Араван-Ош автожолун тосуп алышты.

Нааразылык акциясынын катышуучулары добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайра карап чыгуу, жол берилген мыйзам бузуулар үчүн чара көрүү талаптары менен чыгышууда:

- Акыйкат кайда. Биз Алимовду шайлайбыз. Шайлансын, акыйкаттык болсун.

Араван районунун акими Сахабидин Турсунов маселе бир жагына толук чечилмейин жактоочуларын мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырды:

- Юристттерди, профессорлорду чакырдык, келип ошолор чындык жооп бере алышат.

Шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деген талапкер Турсунбай Алимов өзүнүн шайлоочуларынан жолду ачып коюуну суранды. Бирок анын өтүнүчү колдоо тапкан жок:

- Кудай кааласа жакшы. Азыр юристтерди чакырдык. Мен элден тынч болушун гана суранам.

Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов Араван шайлоо округундагы эки шайлоо участкасындагы шайлоонун жыйынтыктары талаштуу болуп калгандыктан учурда ал жерлерде атайын комиссиялар кайрадан түзүлүп, добуш берүүнүн жыйытыктары кайрадан каралып жаткандыгын билдирди.

Нааразылык чарасынын катышуучулары акыйкат жыйынтык чыкмайынча Араван-Ош автожолун тосууну уланта беришээрин жарыя кылышты.

Сүрөт радионун архивинен: Экс-элчилерди коргогон нааразылык чарасы

ЕККУнун БАЙКООЧУЛАРЫ АЛДЫН АЛА ОТЧЕТУН ЖАРЫЯЛАДЫ

Азиза Турдуева, Бишкек Европадагы коопсуздук жана кызматаштык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Бюросунун, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын жана Европа парламентинин эл аралык миссиясы Кыргызстанда 27-февралда өткөн парламенттик шайлоого байкоо жүргүздү. Миссия Кыргызстандагы бул шайлоо демократиялык шайлоолорду өткөрүү боюнча ЕККУнун милдеттенмелерине жана башка эл аралык стандарттарга толугу менен жооп берген жок деген бүтүмгө келди.

28-февралда ЕККУнун байкоочуларынын миссиясы Бишкекте «Хайат» мейманканасында Кыргызстандагы парламенттик шайлоо боюнча алдын ала отчетун жарыялады. Отчетто 27-февралдагы парламенттик шайлонун жүргузүлүшүндө орун алган айрым кемчиликтер жана оң көрүнүштөр жөнүндө айтылган. Анда миссия ошондой эле кыргыз бийлигин шайлоонун экинчи айлампасында буга чейин орун алган айрым терс көрүнүштөрдү кайрадан кайталоодон карманууга чакырган. Маалымат жыйынында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламентик Ассамблеясынын жетекчиси Киммо Кильюнен өлкөдөгү парламенттик шайлоонун жүрүшүнө байланыштуу:

- Кыргыз Республикасында 27-февралда өткөн парламенттик шайлоо мурдагы шайлоого караганда атаандаштыгы жогору болгондугуна карабастан, демократиялык шайлоолорду өткөрүү боюнча ЕККУнун бир катар милдеттенмелерине жана башка эл аралык стандарттарга толугу менен жооп берген жок. Бул шайлоодо албетте, бир катар оң көрүнүштөр байкалды: көпчүлүк шайлоо округдарында шайлоочулар тандоо укугуна ээ болушту, ачык кабиналар менен тунук үкөктөр орнотулду. Бирок, атаандыштык өлкө боюнча добуштарды сатып алуулар, талапкерлерди каттоодон алып салуу, көз карандысыз маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнө кийлигишүү жана талапкерлер менен шайлоочулардын шайлоо, сот органдарына болгон ишениминин төмөндүгү менен алсыздандырылды, - деп билдирди Киммо Кильюнен.

Анын пикиринде шайлоо алдында өлкөдөгү жогорку кызматтардагы чиновниктердин, ошондой эле президент Аскар Акаевдин өлкөдө атуулдук согуш болушу ыктымалдыгы жөнүндөгү эскертүүлөрү, оппозициянын аракеттерин экстремизм менен байланыштырган билдирүүлөр шайлоо өнөктүгүнө терс таасирин тийгизди. Ал эми айрым учурларда сөз эркиндиги, атуулдардын тынч чогулууга болгон эркиндиктери да бузулуп жатты. Шайлоо процессине административдик кийилигишүүлөр орун алды. Айрым окуу жайларынын мугалимдери менен студенттерине тигил же бул талапкерге добуш бересиңер деген кысымдар көрсөтүлдү.

Ал эми Европа парламентинин делегациясынын жетекчиси Франсиско Энрико Спирони Кыргызстандагы парламенттик шайлоодо орун алган айрым кемчиликтерге төмөнкүдөй токтолду:

- Байкоочулар добуштарды сатып алуу, шайлоочулардын талапкерди эркин тандоого болгон укугунун бузулушу, шайлоочуларга кысым көрсөтүү, кайра добуш берүүлөр сыяктуу мыйзам бузууларды катташты.

Европа парламентинин делегациясынын жетекчиси белгилегендей, байкоочулар тарабынан ошондой эле шайлоочулардын тизмелери так түзүлбөгөн, үй-бүлө мүчөлөрү үчүн добуш берген фактыларды да байкоочулар көп катташкан.

ЕККУнун миссиясы өзүнүн алдын ала отчетунда Кыргызстандагы шайлоодо орун алаган бир катар оң көрүнүштөрду да белгилеген. Мындай көрүнүштөр катары Кыргызстанда Шайлоо Кодексине бир катар толуктоолор менен кошумчалардын киргизилиши, маалымат каржаттарында талапкерлер үчүн акысыз эфир маалы берилгендиги, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана округдук шайлоо комиссияларынын жигердүү иш алып баргандыгы, Борбордук шайлоо комиссиясынын интернет-баракчасында участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун чыгарылышы, шайлоонун ачык өтүшүн камсыздоо максатында баш бармакка белги койуу ыкмасынын киргизилиши жана башкалар белгиленген.

Ал эми ЕККУнун узун мөөнөт байкоо жүргүзгөн миссиясынын жетекчиси Любомир Копай Кыргызстандын бийлигине миссиянын төмөнкүдөй сунуштарын айтты:

- Биз ар кандай майда себептер менен талапкерлерди депутаттыка ат салышуудан алып салуудан, маалымат каржаттарынын ишине кийлигишүүдөн карманууга, оппозициянын өкүлдөрүн экстермиз менен байланышы бар деген козутма билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырабыз. Мындай кадамдар шайлоонун экинчи айлампасын өткөрүүнү жакшыртышы мүмкүн , – деди ЕККУнун өкүлү Любомир Копай.

ОППОЗИЦИЯНЫН АЙРЫМ ЛИДЕРЛЕРИ ЭКИНЧИ ТУРГА ӨТҮШТҮ

Айданбек Акмат уулу, Бишкеk 27-февралда Кыргызстан калкы бир палаталуу Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлады. Борбордук шайлоо комиссиясынын түнкү саат 12деги маалыматы боюнча 61% ашуун шайлоочу добуш берүүгө катышты. Ат салышкан 389 талапкердин ичинен депутаттык мандатка ээ болгондордун айрымдарынын ысмы атала баштады.

Алдын ала маалыматтарга жана Кыргызстан элдик кыймылынын штабынын тактоолоруна караганда, 27-февралдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо биринчи турда 20дан ашуун талапкердин жеңишке жетишкени маалым болууда.

Тактап айтканда, Бишкектеги Жал шайлоо округунан Кубатбек Байболовдун, Ахунбаевден Роман Шиндин, Гагаринден Камчыбек Жолдошбаевдин, Юнусалиевден Олег Журавлевдун, Күрөңкеевден Мамытбай Салымбековдун жеңишке жетишкени кабарланууда. Чүй облусунун Кемин округунан Айдар Акаев, Аксуудан Сергей Попов, Ысыката округунан Тургунбек Кулмурзаев, Аламүдүндөн Каныбек Иманалиев,Токмоктон Нурдин Абдылдаев, Карабалтадан Таалайбек Субаналиевдин биринчи турда депутаттык мандатка ээ болгону маалымдалууда.

Ал эми Ош облусунан болсо биринчи турда Отузадыр округунан ат салышкан Муратбек Малабаевдин, Араван округунан Турсунбай Алимовдун, Баткен облусундагы Кадамжай шайлоо округунан Баяман Эркинбаевдин, Сүлүктү округунан Аскарбек Шадиев, Лейлек округунан Каныбек Жороевдин алдыга озуп чыкканы кабарланууда. Жалалабад облусунан болсо Аксыдан кайрадан ат салышкан Азимбек Бекназаровдун, Базаркоргон-Сузак округунан Замирбек Мураталиев, Каракөл-Ташкөмүрдөн Осмонбек Артыкбаев, Майлысуу округунан Камбаралы Конгантиев биринчи турда жеңишке жетишти деген маалымат келди.

Нарындын Атбашы округунан Аскарбек Салымбеков, Таластын Карабуура шайлоо округунан Өмүрбек Бапановдун көпчүлүк добуш менен шайланганы айкын болууда.

Бир катар оппозиция лидерлер шайлоонун экинчи туруна чыкканы кабарланууда. Маселен, Курманбек Бакиев, Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Ишенбай Кадырбеков, Болот Шерниязов, Исхак Масалиев, Досбол Нур уулу, Жаныш Рустанбеков, Равшан Жээнбеков шайлоонун экинчи баскычына чыгып, депутаттык мандат үчүн дагы ат салышат.

Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан №1 Университет шайлоо округунда да экинчи тур болору күтүлүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча бул округдан ат салышкан президенттин кызы Бермет Акаева 50% жетпеген добуш алды. Ага каршы экинчи турда, биринчи турда 28% тегерегинде добуш алган Болот Марипов чыгат.

№34 Кочкор шайлоо округунда болсо, кыязы шайлоо болбой калды деп жарыяланат. Анткени алдын ала маалыматтар боюнча бул округдан ат салышкан Турдакун Усубалиев 38% шайлоочулардын добуш алды.

Кочкор округу боюнча аты алдыда келатат деп сыпатталган Акылбек Жапаровдун каттоосу жокко чыгарылгандан кийин, ал өз тарапкерлерин баарына каршы добуш берүүгө үндөгөн. Эгерде баарына добуш бергендер саны 50% ашса бул округда кайра добуш берүү болмокчу.

Бул маалыматтардын айрымдары талапкерлердин өзүнөн, айрымдары алардын штабдарынан алынды.
27-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев маалымат жыйынын өткөрүп, анда парламенттик шайлоонун ачык жана тунук өткөрүлгөнүн жарыялады.

Бирок ага чейин маалымат жыйынын өткөргөн оппозиция лидерлери тескерисинче шайлоо кампаниясы административдик каражатты ченемсиз пайдалануу менен өткөрүлгөнүн жарыялаган эле.

“Атажурт” коомдук саясий кыймылынын лидери Роза Отунбаева бул тууралуу мындай дейт:

- Административдик ресурс бардык жерде 150-200% иштеп жатат. Бул бийликтин таза, адилет шайлоо өткөрөбүз деген убадаларга каршы келүүдө.

Оппозиция өкүлдөрү да, көз карандысыз байкоочулар да 28-февралда жекшембидеги добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары боюнча өз ойлорун ортого салмакчы.

АСКАР АКАЕВ:«КОНСТИТУЦИЯНЫ ӨЗГӨРТҮҮ НИЕТИМ БОЛГОН ЭМЕС ЖАНА БОЛБОЙТ»

27-февралдагы парламенттик шайлоодо президент Аскар Акаев № Тоголок Молдо округунда добуш берди. Добуш берүүдөн кийинки маалымат жыйынында мамлекет башчысы Конституцияны көздүн карегиндей сактоого чакырып, өзүнүн президенттик мөөнөтүн узартуу ниети жок экендигин жарыя кылды. Бирок оппозициялык маанайдагы саясатчылар Аскар Акаевдин бул сөзүнүн артында көп сыр жатат дешет.

Аскар Акаевдин айтымында, бул жолу мурдагы шайлоолорго караганда шайлоочулардын маанайы жакшы, ал эми мамлекет бул шайлоого абдан жакшы даярдык менен кирди.

Президент Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө АКШ Конгрессинин бир комиссиясынын сунушунун долбооруна баа берүүнү өтүнгөн журналисттерге жооп берди. Аскар Акаев АКШ конгрессмендеринин адам укуктарын коргоо жана бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту сактоо жөнүндө берген сунуштарынын максатын толук түшүнбөй тургандыгын белгиледи.

Бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылуу үчүн президенттин көп укук-милдеттери оппозиция каалагандай деңгээлде парламентке берилип, президенттик-парламенттик республика түзүлгөндүгүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө демилгени оппозиция президент Акаевди бийликтен кетирүү үчүн көтөрүп жаткандыгын жана аны АКШ Конгрессинин колу менен жасоону самап жаткандыгын билдирди. Президенттин пикиринде, оппозиция менен эл аралык уюмдар АКШ Конгрессине туура эмес маалымат берип, тескери жолго салып жатат деп кошумчалады:

- Конституциялык реформанын натыйжасында биз тең салмактуу президенттик-парламенттик республика болгонбуз. Эми парламенттик республикага кадам таштоо тең салмактуулукту бузууга алып барат. Мына ушундай жолду Украинанын президенти Леонид Кучма ишке ашырууга аракет кылган. Ошондуктан, бул сунуштар мага түшүнүксүз жана мен аларды азырынча ала элекмин. Аны качан алгандан кийин талкуулап көрөбүз.

Аскар Акаев өз кызмат мөөнөтү тууралуу байма-бай айтылып жаткан кеп- сөздөрдү оппозиция жана айрым массалык маалымат каражаттары ойлоп чыгарган жалган ушак деп билдирди:

- Мен дагы бир жолу так жана ачык айткым келип турат. Мен жеке өзүм Конституцияга бир дагы өзгөртүү киргизүү ниетим болгон эмес жана болбойт. Мен муну буга чейин да бир нече жолу айткам. Бул оппозиция мага жөн жерден жабыштырып жаткан жалган сөз.

Өткөн жылдын май айында Ош шаарында түзүлгөн «Элим менен, элим үчүн» аттуу фонд президенттин кызмат мөөнөтүн 2010-жылга чейин узартуу демилгесин көтөрүп, ушул айда 155 миң адамдын колун топтогондугун жана ушул ай аягына чейин 300 миң адамдын колун топтоп, май айында референдум өткөрүү талабы менен парламентке кайрылаарын жарыя кылган. Фонддун төрагасы Аманбай Сатибаев декабрда чогулган 30 миңин мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовго тапшырган.

Оппозиция өкүлдөрү болсо президенттин мындай билдирүүсүн четке кагышат. Алар Аскар Акаевди дагы бир мөөнөткө калтыруу боюнча демилгелер оппозицияга эмес, бийлик өзү түзгөн жана канаты менен калкалап келаткан ар кандай коомдук уюмдарга таандык дешет.

«Кыргызстан элдик кыймылынын» төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова мамлекет башчысынын бул сөздөрүндө көп сыр жатат деген ойдо:

- Качан болсо президент ошентип айтат, бул сөзүндө көп сырлар жатат. Президенттин жанындагы “үчүнчү күчтөр” парламентке бүт өз кишилерин топтоп туруп, парламенттик республика кылгандан кийин спикерликке өз кишисин коюп алса, ошону менен ал турмуш жүзүндө бийлигин сактап кала алат. Ошентип Кыргызстанда династиялык бийлик орнотууга багытталган иштер жүрүп жатат.

НАРЫНДА АЙРЫМ ТАЛАПКЕРЛЕР АКЧАНЫН КҮЧҮНӨ САЛЫШТЫ

Нарында шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү. Мындай маалыматты айрым талапкерлер да, шайлоочулар да айтып жатышат. Мурдагы саясий өнөктүктөгүдөй эле арак, акча таратуу, элди шайлоо участокторуна машина менен ташып келүү болду.

Нарын шаарынын тургуну Чынара Акбаева төрт шайлоо участогуна баргандан кийин гана өзүн тизмеден араң тапкан. Бишкектен айрым маалыматтар боюнча 150дөн ашык маршруттук таксилер шайлоочуларды алып келип, кайра жеткиришти дешет айрым байкоочулар. № 33 Нарын шайлоо аймагына кирген Каракужурда жашаган 149 шайлоочуга көчмө үкөк барган эмес.

Улан деп өзүн тааныштырган жигит шаардын бир шайлоо участогунда комиссиянын мүчөсү анын алдындагы эки шайлоочуну бармактагы белгини көрүп туруп эле өткөрүп жибергенин айтат.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын Нарындагы өкүлчүлүгү билдиргендей № 40, 73 шайлоо участокторунда эки шайлоочунун ордуна башка адамдар добуш берип кетишкени айкын болгон.

Коалициянын төрт байкоочусу № 35 Жумгал, Акталаа шайлоо аймагындагы Миңкуш жана Кабак шайлоо участокторунда жолго көчкү түшкөндүгүнөн жетпей калышкан.

Ал эми №32 Атбашы шайлоо аймагынын Дөбөлүү айылына кырк бюллетень жетпей калган. Анын себеби Бишкектен шайлоочу студенттер келишкен. №34 Кочкор шайлоо аймагында да мыйзам бузуулар болуп жатат деп билдирди «Эр айдоочу» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Качкын Булатов:

- №34 шайлоо округунда көз карандысыз байкоочу катары биздин 120 киши байкоо жүргүзүп атат. Ошондой эле Жумгал районундагы Кызарт айылында мектептин директору Кубанычбек Шаршеналиев мектептердин класстарын ачып коюп, үгүт жүргүзүп жаткан экен. "Кой" десек да болбой койду.

Качкын Булатов кепти минтип улантты:

- Экинчи Солтонбеков атындагы мектептин директору ошол эле Усубалиевдин өкүлү экен. Аты-жөнүн атпай койду. Усубалиевдин китебин алып, үгүт жүргүзүп атат. "Силер эмне мындай мыйзам бузууларды кылып жатасыңар?" десек, "биз мыйзамды бузган жокпуз. Токтотпойбуз, бөлмөлөргө киргизе беребиз" деп айтышты. Биз ал үчүн акт түздүк дагы эртең сотко беребиз деп билдирдик. Үйбүлөөлүк дарыгерлердин башкы доктуру Жумаева Баян бүгүн дагы арак таратып, Усубалиевге үгүт жүргүзүп атат. Ушундай эле Кыдыралиев мектебинин директору үгүт насыяттарын жүргүзүп атат. Кызарт айылынан, аты-жөнүн такыр атпай койду. Райондук администрациянын орун басары да үгүт жүргүзүп жүрүптүр. Кочкордо дагы акимдин орун басары, обладминистрациядан да кишилер тымызын үгүт иштерин жүргүзүп жаткан фактылар бар.
"Десанттар" келип коркутуп, үйлөрүнө чейин баргандар болуп жатат, бул иш токтотулабы билбейбиз. Эми жыйынтыкты күтүүдөбүз.

БЕРМЕТ АКАЕВА: “ЖОЛДОШУМДУН ДОБУШ БЕРГЕНГЕ УКУГУ ЖОК”

Чолпон Орозобекова , Бишкек Мамлекет башчысынын кызы Бермет Акаева Бишкектеги №1126 шайлоо участкасына келип добуш берди. Добуш берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди. Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү баарлашууну «өмүрлүк жолдошуңуз эмне үчүн добуш берүүгө келген жок» деген суроодон башташты.

Бермет Акаеванын дал ушул шайлоо участкасына добуш бериш үчүн саат 12 жарымдарда келээри жөнүндө өкмөтчүл гезиттер жана КООРТ телеканаланы эчак кабардар экен. Алар айтылган убакыттан бир саат мурда эле келишип, камераларын түздөп, фотоаппараттарын камдап даярданып туруп калышты.

Бермет Акаева жансакчысын ээрчитип, болжонгон убакыттан кечикпей келип калды. Журналисттердин өмүрлүк жолдошу тууралуу алгачкы суроосуна мындай деп жооп кайтарды:

- Менин жолдошум Кыргызстандын атуулу эмес, андыктан Конституцияга ылайык добуш бергенге укугу жок,- дейт Бермет Акаева.

Андан кийин мамлекет башчысынын кызы «Азаттык» радиосунун бир нече суроолоруна жооп берди.

- Шайлоодо утаарыңызга ишенип турасызбы?

- Кудай буюрса, билбейм эми, кечинде көрө жатарбыз.

-Оппозициялык саясий күчтөр тарабынан президент парламентке тууган- туушкандарын жана бала- чакасын топтоп атат деген айыптарына кандай жооп айта аласыз?

- Президент бизди министр же губернатор кылып дайындап койгон жок. Биз демократиялык жол менен чыгып атабыз. Элдин тандоосу болот го, биз ачык- айрым жол менен эл алдына чыгып атабыз.

- "Алга, Кыргызстан" партиясына тиешеңиз кандай?

- Тиешем бар, мен бул партияны башынан колдоп келатам. Бирок мүчө эмесмин.

- Түштүктө Аскар Акаевди кызматында дагы бир мөөнөткө калтырууну көздөгөн кол топтоо болуп жатат. Президенттин кызы катары буга кандай карайсыз?

- Бул деген элдин каалоосу да. Шайлоочулар өз эрки менен демократиялуу жол менен чогултуп атышат.

- Оппозиция болсо Аскар Акаев референдум жолу менен Башмыйзамды өзгөртүү аркылуу бийликте калгысы келип атат деп ачык эле айтышууда. Мындай пикирлерге кандай карайсыз?

- Билбейм эми кандай караш керек. Парламентибиз кандай болот, канча кол топтолот?... Ал эми президент болсо бүгүн референдумга өзү демилгечи болбостугун айтып кетти.

- Шайлоодо иниңиз Айдардын мүмкүнчүлүгү канчалык деп ойлойсуз?

- Айты айта албайм. Анын үстүнө азырынча айтууга да болбойт.

Бермет Акаева «Рейтерс», РТР өңдүү массалык маалымат каражаттарынын суроолоруна орус тилинде жооп берди. Бермет Акаеванын айтымында, жаңы парламент абдан чынчыл, таза жана профессионал болмокчу. Ал эми өлкөдө референдум же башка дагы чоң өзгөрүүлөр болор- болбосу парламенттин курамынан көз каранды деген ойдо:

- Оппозиция тараптан жана менин атаандаштарымдан дагы парламенттик республикага өтүү чакырыктары шайлоонун жүрүшүндө айтылып атты. Баары - жаңы парламенттин курамы кандай болорунан көз каранды.

Сүрөт BBC радиосунун кыргыз кызматына таандык

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: «АЗЫРКЫ СОТТОР ЭЛ ИШЕНИМИНЕН КЕТКЕН»

№ 34- Кочкор шайлоо чөлкөмүнөн Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер Акылбек Жапаровдун сот чечими менен атаандаштыктан алынып салынышына нааразы болгон шайлоочулар бийликке таасир көрсөтүүнүн башка жолуна өтөрүн айтып тарашкан. Шайлоо жыйынтыгы чыгарга чукул телефон аркылуу Акылбек Жапаров «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

А. Жапаров: - 5 күн бою пикетте турдук. Ага бир да бийликтин адамы басып келбей, биздин абалыбызды сураган жок. Жогорку соттун чечими болгон соң биз мыйзамга баш ийебиз. Мыйзам боюнча бир гана жол калды, биз баарына каршы добуш беребиз деп, 10 миңге жакын адам пикетке чыкты эле, ушундай чечимге келишкен. Аким менен губернатор терезеден качып чыгып, Акаевге баягы аксыдагыдай эл тынч деген жалган маалымат берип коебу деген эл 5 күн турушту. Тилекке каршы, элдин үнү баарына угулган менен, Акүйгө угулган эмес окшойт. Ошон үчүн бүгүн кочкорлуктар шайлоого катышып, бюллетенде калган талапкерлердин баарын чийип, өздөрүнүн позициясын ачыкка чыгарат деп ойлойм. Мына, шайлоонун бүтөрүнө да аз калды.

- Акылбек мырза, буга чейин бийлик шайлоонун ички ишине кийлигишпесин айтып, сот бизде өз алдынча, көз карандылыгы жок деп келишти. Сиздин пикриңиз.

- Сот бийлиги деген бизде жок экен. Ага кайрылып аткан биздин жарандар шордуу экен. Мурун коммунисттик замандын тушунда деле эмне үчүн соттоп атканын айтып, күнөөсүн мойнуна коюп, бюронун материалдарын алдыга жайып, анан соттошчу эле. Азыр болсо күнөө да коюлбайт. Жогор жактан телефон чалынды деп соттоп коюшат. Алгач райондук сот чечим чыгарып, Жогорку сот аны күчүндө калсын деп чыгарган чечимин эмдигиче бере элек. Кочкордун соту эмне үчүн чечим чыгарганын билбей, 3 күн качып жүрдү. Жогорку сот жүйө келтирген бөлүгүн эмдигиче бере албай жатканын мен түшүнбөйм. Мен 14-февралда кайда болгонум так белгилүү. Ошол күнү Жумгалбек Аманбаев каза болуп, ага топурак салганга баргам. Ошол күнү эки аял менден акча алгам дептир. Ону күнү дагы бирөөсү келип акча алгам дептир. Мен ал күнү саат он жарымда Мантышта эл менен жолугуп сүйлөп аткам. Ошонун баарын далилдеп берсек да сот уккан жок.

Кудай алдында, абийири алдында жооп берчү үч сот «Акүйдөн телефон чалышты» деп эмдигиче менин кулагыма шыбырап кетишет. Сотторго элдин 80% ишенбейт дешчү эле, ага эл 100% ишенбейт экен. Коррупция Акүйдүн көмөгү менен жасалып атканын өз башымдан өткөргөн соң ынандым.

- Шайлоочулардын тандоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылышын бийлик башындагылар парламентке шылтап жатышат. Шайлоо кодексин өздөрү түзүшкөн деген пикирлер айтылууда.

- Шайлоо кодексинде да бир аз кемчилик бар. Мен округдук комиссия демократиялык негизде түзүлгөндөн кийин шайлоо учурундагы арыздарды өзү карап, андан соң Борбордук шайлоо комиссиясы текшерсин дегем. Себеби бул экөө тең - коллегиялуу орган. Ошол экөөнүн чечимине нааразы болгон талапкер же шайлоочу сот органына кайрылсын дегенбиз. Мына, мага каршы арыз бергендин экөө Жумгал районунда жашабайт экен. Ал тууралуу Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн справкасын да көрсөтүп атабыз. Сот алардын кайда жашаарын, документин текшерген жок.

Бизди соттогондон кийин менде сот бийлиги жок экен деген ой пайда болду. Эгер сот мыйзам негизинде, жанагы Акаев айткандай, мыйзам негизинде иштесе, менин далилдеримди эске алып, калыс чечим чыгарса бүгүн кочкорлуктар өздөрүнүн депутатын шайлап алышмак.Тескерисинче, сот өз чечими менен бийликтин иштебестигин, элдин мыйзамга ишенимин ого бетер жоготкондон башкага жарабады. Биз мыйзамды жазып чыгарат экенбиз. Бирок, муну аткарып атканда Акүйдүн 6-7-кабаты киришет экен. Телефон чалынат экен. Соттор мыйзам жана өз абийири алдында жооп берет деп Конституцияга жазылган, бирок булар да пенде экен, бирөөлөр бирдеме десе аткарганга мажбур болушууда.

В.РУШАЙЛО БАРМАККА БЕЛГИ КОЮУГА КАРШЫ

Кыргызстандагы парламент шайлоонун жүрүшүнө КМШ өлкөлөрүнөн 195 өкүл байкоо жүргүздү. Байкоочулар миссиясынын жетекчиси В.Рушайло шайлоо жыйынтыгы тууралуу бүтүм чыгаруу эртелик кыларын айтып, Кыргызстан сындуу билимдүү өлкөдө шайлоочулардын баш бармагына белги коюу орунсуз экендигин белгиледи.

Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн байкоочулар миссиясынын бүтүмү көбүнесе ырасмий бийликтин позициясына үндөш чыгып калары кыйладан бери айтылып келатат.

Грузиядагы парламенттик, Украинадагы президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары тууралуу КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулар миссиясынын көңүлток бүтүмү чындыктан атчабым алыс экенин «гүлдүү ыңкылаптардын» жүрүшү көрсөткөн.

Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин аткаруу комитетинин жетекчиси Владимир Рушайло алдагыдай ажырымдыкты эки уюмга кирген өлкөлөрдөн келген байкоочулардын иш усулуна байланыштуу түшүндүрдү. Тажикстанга сапар алардын алдында Бишкекте Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун байкоочулар миссия жетекчиси менен жолугушуп, аны менен байкоо жүргүзүүнүн усулу жайында да пикир алышарын билдирди:

- Тажикстанга жөнөөр алдында ЕККУдан келген кесиптештерибиз менен жолугушуу белгиленген. Анда биз байкоолорубузду ортого салып, кийинки жылдары КМШ өлкөлөрүндө такай өткөрүп келаткан байкоо жүргүзүү усулдарыбыз жайында сүйлөшөбүз.

В.Рушайло парламент шайлоого мурдагы элчилердин талапкер катары катыштырылбай калышы мыйзамдык алешемдик экенин белгилеп, муну КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулар миссиясы жыйынтык бүтүмүндө атайын белгилей тургандыгын маалымдады.

- Бул маселени да биз азыр иликтеп жатабыз. Аны жыйынтык билдирүүбүздө чагылдырабыз. Менин оюмча, бул өзү ойлоно турган маселе. Мыйзамчылар мындай чектөөнү койбош керек эле. Дагы айтсак, мурдагы элчилер саны жагынан деле аз экен. Алардын шайлоого катышуусу жалпы ишке анчалык деле таасир тийгизмек эмес.

КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулар миссиясынын жетекчиси Кыргызстандагы парламент шайлоонун алгачкы жыйынтыктары чыкканча ал тууралуу ачык бүтүм чыгаруу эртелик кыларын айтты. «Шайлоо жыйынтыгын күтө туралы» деди В.Рушайло.

- Бармакка белги коюу жаңылыгы элге деле анча жакпайт, участкалык шайлоо комиссиялары деле ага сүйүнүшкөнүн баамдай албадык. Белгини Ооганстан, Иран сындуу өлкөлөрдө колдонушат. Калкынын баары сабаттуу, улуттук салты бийик, маданий деңгээли жогору элге белги коюу анча ылайыксыз. Айыл жериндеги динди бекем кармаган адамдар арасында да бармак белгиге ишенбегендер бар. Муну биз сөзсүз белгилейбиз,- деп айтты В.Рушайло.

Европа копсуздук жана кызматташуу уюмунун байкоочулар миссиясынын өкүлү Фабио Марино добуш берүү мыйзамдык негизде өтүп жатканын белгиледи:

- Шайлоо өнөктүгү эл аралык стандарт талабына ылайык өттүбү же өтпөдүбү деген суроого мен так жооп бере албайм. Кечээ БШК төрагасы экс-элчилердин шайлоого катыштырылбашы мыйзам чегинде болгонун, Кочкор жана башка жерлерде талапкерлер сот тарабынан шайлоо атаандаштыгынан четтетилгенин маалымдады. Менин оюмча, шайлоого катыша турган кишилер абыдан чоң күнөөсү үчүн гана атаандаштыктан четтетилиши мүмкүн. Андан башка талапкерге тоскоолдук болбош керек,- дейт Фабио Марино.

КМШ жана ЕККУ өлкөлөрүнөн келген байкоочулардын шайлоо тууралуу билдирүүлөрү добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары чыккандан кийин белгилүү болот.

КЫРГЫЗСТАНДА ШАЙЛОО ӨТҮП ЖАТАТ

Кубат Оторбаев, Прага Жогорку Кеңештин 75 депутатын шайлоо оппозициядан чыккан талапкерлерге жана эркин массалык маалыматтарына кысым менен коштолду. Өзгөчө көңүл президент Аскар Акаевдин жакындары катышып жаткан шайлоо чөлкөмдөрүнө бурулуп жатат. Бүгүн Аскар Акаев өзүнүн мөөнөтүн узартуу максатында Конституцияга өзгөртүү киргизүү ниети жокутугун билдирди.

Кыргыз улуттук унивеститетиндеги шайлоо участкасы саат сегизде ачылды. Бул жерде жыйырмадай байкоочулар иштеп жатышат. Алардын арасында саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бар. Бирок “Эркин Европа/Азаттыктын” кабарчысы Гүлноза Саидазимова бир дагы эларалык уюмдардын жана ЕККУнун байкоочуларын жолуктура албаганын айтат.

Бул жолку добуш берүү мурдагыларынан шайлоочулардын бармагына түзсүз сыр сүйкөлгөнү жана бюллетень айнек урнага ташталганы менен өзгөчөлөндү. Бишкектеги Университет шайлоо чөлкөмүндө окуу жайдын окутуучулары бир гана талапкерге катуу колдоо көрсөткөнү айтылып жатат. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы окуу жайдын мугалимдеринен интервью алууга аракет кылды эле, бирок окутуучулар баш тартып коюшту.

Ал арада президент Аскар Акаев шайлоонун өтө активдүү өтүп жатканына кубанып турганын айтты:

Мен өлкөнүн баардык шайлоо чөлкөмдөрүндө эл бир палаталуу жаңы парламентке татыктуу адамдарды активдүү тандап жатканына кубанып турам. Менимче шайлоо ийгиликтүү өтөт, - деди мамлекет башчысы.

Аскар Акаевдин пикиринде ушул тапта Кыргызстанда президенттик-парламенттик башкаруу системасы калыптанып келатат. Президент ошондой эле өзүнүн мөөнөтүн узартуу максатында Конституцияга өзгөртүү киргизейин деген ниети жоктугун билдирди:

- Мен - президент Акаев ө өзүмдүн мөөнөтүмдү узартуу максатында Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөргөн эмесмин жана андай ниетим да жок. -

Президенттин айтымында мындай сөздөрдү оппозиция ойлоп таап жатат.

Ал арада шериктеш мамлекеттердин аткаруу комитетинин жетекчиси, КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы Владимир Рушайло президент Акаев добуш берген шайлоо участкасында болуп, журналисттерге интервью берди. Анын айтымында, ал оппозициянын өкүлдөрү атсалышып жаткан шайлоо участокторуна барып, добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо салды:

– Биз оппозициялык талапкерлер чыгып жаткан шайлоо участокторуна да барып, алардын ишемдүү адамдары менен жолугуп, сүйлөштүк. Азырынча олуттуу мыйзам бузуулар тууралуу арыз-даттануу уга элекпиз. Күн алдыда. Жалпы жыйынтыкты бүгүн кечинде чыгарабыз.

Талдоочулардын айтымында көпчүлүк шайлоо чөлкөмдөрүндө кимдин депутат болоору экинчи айлампада гана чечилет.

КЫРГЫЗСТАН БИР ПАЛАТАЛУУ ПАРЛАМЕНТКЕ ДОБУШ БЕРҮҮДӨ

Айданбек Акмат уулу, Бишкеk Кыргызстанда бир палаталуу парламентке шайлоо жүрүүдө. Түштөн кийинки саат төрткө карай жалпы шайлоочулардын 40% ашууну добуш бергени маалымдалууда. Ал эми оппозиция лидерлери ачык асман астында маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоонун мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын жарыялашты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңишбек Акматов шайлоонун жүрүшү жөнүндө буларды билдирди:

- Эл шайлоого активдүү катышып жатат. Добуш берүү тынч жүрүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясына көп арыз келген жок.

Анын айтымында, түшкөн арыздар Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын тургундарына таандык. Алардын көбү шайлоочулардын тизмесине кирбей калгандыгы боюнча арызданууда. Жеңишбек Акматовдун айтымында, бул маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиянын көчмө комиссиялары иштеп, кемчиликтерди четтетүүгө аракеттенүүдө.

БШК билдиргенге караганда, түштөн кийинки саат төрткө карай жалпы өлкө боюнча, тизмеге киргизилген 2 миллион 632 миңден ашуун шайлоочунун бир миллиондон ашууну добушун берди. Бул жалпы шайлоочулардын 40% ашуунун түзөт.

Өлкө региондору боюнча эң активдүүлүктү Баткен облусунун шайлоочулары көрсөтүп, саат төрткө карай алардын 48% ашууну добушун берген.Эң төмөнкү активдүүлүктү борбор шаардын тургундары көрсөтүүдө. Саат төрткө карай бишкектиктердин 29% ашууну добушун берди.

27-февралда түштөн кийин саат 3тө Жогорку Кеңештин имаратынын алдында, ачык асман астында оппозициялык бирикмелердин лидерлери Роза Отунбаева, Ишенгүл Болжурова, Муратбек Иманалиев, Топчубек Тургуналиев маалымат жыйынын өткөрүштү.
Алгач сөз алган “Атажурт” коомдук-саясий кыймылынын лидери Роза Отунбаева буларга токтолду:

- Мен “Атажурт” кыймылынын өкүлүмүн. Биздин кыймыл 12 талапкерди көрсөткөн. Биз алган маалыматтар боюнча, №1Университет шайлоо округунда бардык мугалимдерди каерде жашагаганына карабай, округдагы мектептерде гана добуш берүүгө мажбурлап жатышат. Гагарин шайлоо округунда автоунаалар менен мас шайлоочулар бир шайлоо участкасынан экинчи участкасына ташылып, добуш бердирилүүдө. Талас округунда да ушундай көрүнүш орун алууда.

Кыргызстан элдик кыймылынын төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова буларга токтолду:

- Биздин кыймылдын атынан көрсөтүлгөн талапкерлерди жаманатты кылуу аракети үзгүлтүксүз жүргүзүлдү. Ал эмес кечээ күнү да КТР жана КООРТ аркылуу кыймылдын лидери жамандалды.Кечээ эч кандай үгүт иштери жүргүзүлүш керек эмес болсо да, РТР каналы аркылуу президенттин кызын мактап, таптаза кылып көрсөтүштү. Бийлик административдик каражатты ченемсиз колдонууда.

Оппозиция өкүлдөрү эгерде шайлоонун жыйынтыгы бурмалана турган болсо, мыйзам чегинде ага каршы турушаарын билдиришти.

РОЗА ОТУНБАЕВА: «ЭРКИН БАСЫЛМАЛАРГА КЫСЫМ КҮЧӨДҮ».

Чолпон Орозобекова , Бишкек “Атажурт” саясий кыймылы өлкөдөгү шайлоо алдындагы саясий кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты. Анда бийлик тарабынан жазылган “таза шайлоонун” сценарийин өкмөт үйү бар дарамети менен аткарып жатат деп жазылган. Ишемби күнү саясий кыймылдын тең-төрайымы Роза Отунбаева парламенттик шайлоону чагылдырганы келген чет элдик жана жергиликтүү журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү.

«Атажурт» саясий кыймылы билдиргенге караганда, кыргыз бийлиги шайлоо учурунда административдик куралдын баарын колунан келишинче пайдаланып жатат. Билдирүүдө Аскар Акаевдин «таза шайлоо» идеясынын турмушка ашырылышындагы айрым жагдайларга баа берилет.

«Атажурт» жазганга караганда, шайлоо өнөктүгүндө оппозициялык маанайдагы талапкерлерге үйбүлөлүк төрт телеканалды кой, жада калса мамлекеттик теледен сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк берилген жок. Саясий кыймыл өз билдирүүсүндө Кыргызстанда соңку күндөрү болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу билдирген.

«МСН» гезитине жасалып жаткан куугунтук, «Республика» гезитинин акыбалы, көз карандысыз басма үйүнүн жарыксыз калышы, «Азаттык» радиосунун уктурулбай калганы өңдүү шайлоо өнөктүгү учурундагы жагдайларга сереп салынат.

«Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева журналисттерге соңку окуялар боюнча мындай пикирин айтты:

- Күн сайын саясий кырдаал курчуп, окуялар абдан тез өнүгө баштады. Бүгүн эртең менен көз карандысыз басма үйүн милиция жана улуттук коопсуздук кызматынын адамдары курчап алды. Анда басылып чыккан «Кылым шамы» гезитинин бардык нускасын, «МСН» гезитинин айрым нускаларын тартып алышты. Эркин басмаканага кирип- чыккан машиналардын баарын тинтип атышат. Ал эми коомчулукка толук кандуу маалымат берип аткан интернет- баракчалар жабылды. Жаңы эле Жалалабаттан келдим, элдин баары «Азаттыкты» укпай калганына нааразы. Элди маалымат алуу укугунан ажыратып койгону- бийликтин жүзүкаралыгы.

Роза Отунбаеванын пикиринде, кыргыз бийлиги учурда жандалбас кылып, өзүн өзү сактап калыш үчүн жан үрөп аткан кези:

- Бул деген бийлик үчүн далбас- кампания. Бийликти колдон чыгарбаш үчүн жер- жерлерде эмне деген гана иштерди жасап атышат, -дейт Роза Отунбаева.

«Атажурт» кыймылы тараткан билдирүүнү саясий чөйрөдө кубаттаган пикирлер арбын. Кыргызстан элдик кыймылынын мүчөсү, экс- министр Кулубек Бөкөнбаев кыргыз бийлиги парламенттик шайлоону өзүнө ыңгайлуу нукта өткөрүүнүн далалатында дейт:

- Акүйдүн шайлоо боюнча сценарийи эчак эле даяр болчу. Оболу башкача ойлонгон жана оппозициялык маанайдагы адамдарды шайлоодон четтетишмек. Ал максатын соттордун колу менен ишке ашырышты.

«Атажурт» саясий кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева кыргыз журтчулугунун аң-сезими, саясий маданияты өскөнүн, Тоң жана Кочкор райондорундагы элдин толкуну бийлик үчүн оңой эмес белги экенин маалымат жыйынында айтып өттү:

- Түштүктө, мисалы, «Атажурт» кыймылынан чыккан биздин талапкерлерге тийип көрүшсүн. Тийип эле көрүшсүнчү, эл араң турганда өрт чыгып кетет. Бийлик аны түшүнүп атат, андыктан түштүккө тийе албайт. Бийлик тандап туруп, алы жеткидей жердеги талапкерлерди алып түштү. Азыр эл деген такыр башка, мыйзам бузууларга курч аракеттер менен жооп бере алат. Бийлик бир нерсени түшүнүшү керек, эми элди оюнчук кылганга болбойт.

Ырасмий бийлик өкүлдөрү болсо оппозициялык маанайдагы билдирүүлөргө каршы жооп айтып келишет. Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев кыргыз бийлиги адилет жана таза шайлоо үчүн бардык шартты түзүп койду деген ойдо. Анын пикиринде, айрым оппозициячыл күчтөр алдын ала эле шайлоолор мыйзам бузуулар менен өтөт деп, өлкөдө кырдаалды курчутканга кызыкдар болуп жатат.

«Атажурт» жана Кыргызстан элдик кыймылы өңдүү оппозициялык күчтөр Аскар Акаев жана анын чөйрөсү быйыл бийликти колдон чыгарбаш үчүн парламентке өз кишилерин топтоого жанталашып атканын айтышууда.

Роза Отунбаеванын пикиринде, ошондуктан шайлоочуларга, айрыкча мамлекеттик казынага көз каранды чөйрөлөргө басым жасалууда:

- Бул эмне деген зордукчул бийлик!? Эмнеге ушунчалык элди кыйнайт, биз эмне бул өкмөттүн кулдарыбызбы? Таласта эмне болуп атат. Элдин электр жарыгы үчүн 500- 600 сомдон карыздары бар экен. Эгер бийликтин талапкерлерине добуш берсеңер, ошол карызыңарды жоебуз деген шарт коюп атышат.

“АЗАТТЫК” ЖАНА ЭРКИН БАСМА ҮЙҮ: КЕП ӨНДҮРҮШТӨБҮ ЖЕ САЯСАТТАБЫ?

Кыргызстандагы көз карандысыз басмаканага электр жарыгы дагы эле бериле элек. 24-февралдан бери «Азаттык» радиосу Кыргызстандын аймагында толук уктурулбай калды. Айрым байкоочулар бул окуялар шайлоо алдында атайылап жасалган тоскоолдуктар деген пикирде болгон менен «Түндүкэлектр» станциялар компаниясы менен радиорелейлик магистралдар башкармалыгы ага саясаттын эч кандай тиешеси жоктугун жарыя кылышууда.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн келген «Шайлоого байкоо салуу уюмдарынын Европа тармагынын» өкүлү Петер Навотнынын баамында, «Азаттык» радиосунун шайлоо алдында обого чыкпай калышы көпчүлүктү кабатырлантып жатат:

- Бизди бул көрүнүш абдан тынчсыздантып жатат. Анткени маалымат каражаттарын жабуу же алар менен байланышкан башка көйгөйлөрдүн бардыгы күмөн саноону жаратат.

«Азаттык» радиосунун катардагы угармандарынан баштап, саясий партияларга чейин радионун уктурулбай калышына парламенттик шайлоо себеп болду деп эсептешүүдө. Алар бийлик шайлоого байланыштуу карама-каршы маалыматтарды элге жеткирбөө максатын көздөп жатат деген пикирде.

Кыргызстан элдик кыймылынын төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова муну бийликтин атуулдардын маалымат алуу укугун бузуу деп баалады:

- Шайлоо алдында элге обьективдүү маалымат жетпеш үчүн жапты. Бул Конституцияга жана башка мыйзамдарга карама-каршы жасалган аракет.

«Кыргызтелекомдун» алдындагы радиожыштыктар боюнча башкармалыктын директору Кубанычбек Бегалиев «Азаттык» радиосу уктурулган радиожыштыктын жабылышына шайлоо эмес, 10-мартта өткөрүлө турган аукцион башкы себеп деп билдирди. Анын айтымында, «Азаттык», «Эркин Европа», «Америка үнү» радиолорун чет өлкөлөрдө уктуруу маселесин тейлеген бюрого «Азаттык» радиосу чыккан жыштык аукцион аркылуу сатыла тургандыгы өткөн жылдын декабрь айында кабарланып, бюро ага катышуу ниетин билдирген.

Кубанычбек Бегалиевдин айтымында, аталган радио аукционго катышуу өтүнүчүн убагында жибербей, 25-февралда өтүнүч берүү мөөнөтүн 28-февралга чейин узартууну суранган кат жөнөткөн.

Кубанычбек Бегалиевдин билдирүүсү боюнча, аукциондо жыштыкты утуп алса «Азаттык» радиосу 10-март күнү эле обого чыгат. Ал эми радиожыштыкты аукционго чейин жаап коюуга техникалык даярдыктан өткөрүү зарылдыгы түрткү болду дейт:

- Зарылдык тармактын эскилигинен улам пайда болду. Мен аукционго жыштыктыктардын бардык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлгөн документтердин топтомун коюшум керек. Ага чейин тармакты аукциондун талаптарына жооп бергидей кылып даярдашым керек.

Шайлоо алдындагы саясий кырдаалды «Фридом хаус» эл аралык уюмунун көмөгү менен түзүлгөн көз карандысыз басмакананын 22-февралдан бери электр жарыгысыз калганы курчутту. Бул окуя да коомдо эркин гезиттердин элге жетишине кыйыр түрдө бут тосуу катары бааланып, басмакананы түзүүгө көмөкчү болгон эл аралык уюмдар тынчсызданып жатышат.

«Түндүкэлектр» станциялар ишканасынын башчысы Сапарбек Балкыбеков 26-фералда басмаканада жарыктын өчүрүлүшүнө өзү жетектеген ишкананын эч кандай тиешеси жок деп билдирди:

- Бул басмакананын кызматкерлери биз талап кылган техникалык тартиптерди аткарган жок. Бул басмакана электр жарыгын буга чейин бизден эмес, «Ибраимов» аттуу жеке менчик ишканадан алчу. Басмакана жеке менчик ишканадан кетип, жарыкты «Түндүк электр» станциясынан алабыз деп былтыр жайында бизге кайрылган. Ага биз макул болуп, бирок, момундай подстанция жана линия кургула деп, атайын техникалык шарттар белгиленген көрсөтмөлөрдү бергенбиз. Тилекке каршы,бул басмакана мурдагы жеке ишканадан кеткенден кийин «Түндүк электр» станциясына кошулууга негиз берген талаптарды аткарган жок. Ал эрежелер аткармайын биз булар жаңы курган подстанциясына жарык бере албайбыз.

Ал эми басмакананын башкы директору Андрей Миасаров «Түндүк электр» ишканасынан жарык алууга негиз түзгөн документтерди даярдоого башынан туура эмес багыт берилгендигин, бул кырдаалга шайлоо да таасир берди деген ойдо:

- Биз негиз кылган алгачкы документ башка мекеме тарабынан берилип, 8 айдан бери биздин ишке тиешеси жок мекеменин талаптарын аткарыптырбыз. Демек, башынан баштап бизге тескери багыт берилген.

НААРАЗЫЛЫК ЧАРАЛАР ШАЙЛООДОН КИЙИН УЛАНТЫЛЫШЫ ЫКТЫМАЛ

Бакыт Аманбаев, Бишкек Соңку аптада жер-жерлерде көп адам катышкан нааразылык акциялары орун алды. Алар аткаруу бийлигинен парламенттик шайлоого өздөрүнүн талапкерлерин катыштырууну талап кылышты. Айрым областарда аткаруу бийлиги карапайым элдин койгон талаптарын аткарууга аргасыз болду. Буга байланыштуу жергиликтүү айрым саясатчылар эгерде добуш берүү учурунда кандайдыр бир мыйзам бузууларга жол берилсе, өлкөдө мындай нааразылык чаралары улантылат деп болжошот.

Соңку апта ичинде Ысыккөл, Нарын, Талас, Жалалабат областарында нааразылык чаралары орун алды. Мындай аракеттер адегенде Талас областында башталды. Үч миңге жакын адам Равшан Жээнбековду шайлоого катыштырууну талап кылышып, эртең мененки саат тогуздан кечки саат жыйырма бирге чейин сот имаратынын алдында турушту.

Ушундай эле нааразылык акциялары Нарын обласынын Кочкор, Ысыккөл областынын Тоң, Түп райондорунда өткөрүлдү. Тоң районундагы №75 шайлоо округунун атуулдары Арсланбек Малиевди шайлоого катыштыруу талабы менен Тоң районундагы автожолду он эки жерден тосушуп, райондук администрациянын имаратын бир апта бою ээлеп турушту.

Бул окуялар эл аралык жана эркин гезиттерден гана чагылдырылды. Ал эми мамлекеттик маалымат каражаттарында бул окуяга көңүл бурулбагандыгын угармандар айтышууда:

- Элдин барынын сөзү бирдей болуп жатат. Алар эмне үчүн жогорку бийлик өкүлдөрү бир апта бою элге келип, алардын талаптары менен жеринде таанышкан жок экендигин айтып жатышат. Алар жогорку бийлик өкүлдөрүнө наарызы. -дейт «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмунун окуяга аралашып жүргөн өкүлү Мамбетимин Өмүракунов.

Айрым жергиликтүү саясатчылар эгерде добуш берүү учурунда аткаруу бийлиги тарабынан кандайдыр бир мыйзам бузуулар орун ала турган болсо нааразылык акциялары парламенттик шайлоодон кийин кайрадан уланышы ыктымал дешүүдө:

- Өз талаптарынын акыйкаттыгына ишенген карапайым эл бир добуштан көчөгө чыгышып, Равшан Жээнбековдун укугун коргоп калышты. Аткаруу бийлиги болчок парламентке өз адамдарын өткөрүү максатында ар кандай мыйзам бузууларга барууда. Эгерде 28-февралда добуш берүү учурунда аткаруу бийлиги мыйзам бузууларга бара турган болсо, Кыргызстандын бардык жеринде нааразылык акциялары чыгаарында шек жок, - дейт КДК партиясынын лидерлеринин бири Виктор Черноморец.

Президенттик администрация алдындагы адилет шайлоо өткөрүү боюнча жумушчу тобунун төрагасы, президенттик администрациянын юридикалык бөлүм башчысы Анарбек Исмаилов өлкөдөгү саясий туруктуулук баарынан маанилүү деген ойдо:

- Аткаруу бийлиги өлкөдө саясий туруктуулуктун болушун каалайт. Ошон үчүн мамлекет башчы Аскар Акаев үстүбүздөгү жылды социалдык туруктуулуктун жылы деп жарыялады. Оппозиция өкүлдөрүнүн жогорудагыдай пикири туура эмес. Аткаруу бийлиги эч убакта шайлоонун жүрүшүнө кийлигишкен жок жана кийлигишпейт.

Кыргызстандын жер-жерлериндеги карапайым элдин жергиликтүү аткаруу бийлигине баш ийбей коюшу мындан эки, үч жыл мурунку окуяларды эске салды.

Жалалабад областынын Аксы, андан кийин Ош обласынын Каракулжа, Өзгөн райондорундагы окуялар коомчулуктун эсинде. Аксы окуясы учурунда жергиликтүү калк район акимине баш ийбей, акимчиликтин имаратын ээлеп алган.

Адан көп өтпөй Каракулжа, Өзгөн районунун акимдери парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон карапайым элдин эркине баш ийишип, бир дубандан экинчи дубанга чейин нааразылык чаралардын катышуучулары менен кошо жөө жүрүш жасаганга аргасыз болушкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG