Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 30-январь, 2020 Бишкек убактысы 00:39

Кыргызстан

ӨКМӨТ БАШЧЫ ТАРТИПКЕ ЧАКЫРДЫ

5-мартта Кыргызстандын өкмөт башчысы маалымат жыйынын чакырып аткаруу бийлиги шайлоо ишине кийлигишпегенин, анткен менен атаандаштыктан жеңилүү ызасын тартып калган талапкерлердин айрымдары элди мыйзамсыз иш-аракеттерге түртүп жатканын маалымдады. Жалалабаттагы окуяларга токтолгон өкмөт башчы нааразы калкты кепке келтирүү аракети жасалып жатканын айтты.

Кыргызстандын өкмөт башчысы шайлоо атаандаштыгынан четтетилген, болбосо жеңилүү ызасын тартып калган талапкерлер элди көтөрүп, мыйзамга сыйбаган иш-аракеттерди жасап жатышканын токтолду. Николай Танаевдин пикиринде, жергиликтүү бийликтин ишин үзгүлтүккө учуратуу аракети туура эмес:

- Силер жакшы билесиңер, Кочкор районунда канжолду тосуп коюшту. Анын экономикалык зыяны эсептелип чыкты. Эмдиги жумада анын так эсеби даяр болот. Түптө жол тосулду. Андан да зыян тарттык. Көчө жыйындардын арааны жүрүп атканда Күмтөрдө кен казып алуу кыйла азайды. Биз убагында өндүрүшкө керектүү буюмдарды Казарманга ташып жеткире албай калдык.

Өкмөт башчынын айтымында, күпүлдөгөн көчө жыйындары өлкө экономикасынын ырааттуу өнүгүшүнө терс таасир тийгизет. Мындай саясий жандануулар күчөй берсе Кыргызстанга чет элдик инвестиция келбей коюшу ыктымал, деп эскертти өкмөт башчы.

Николай Танаевдин айтымында, сүрмөтоп жыйындардын айынан келип чыккан зыяндардын түгөл баары эсептелип чыгат, ошондуктан элди мыйзамга каршы иштерге алып чыгып аткандар ойлонушу керек:

- Мен бүгүн Тажикстандын премьер-министри менен сүйлөштүм. 10-мартта биз Баткен-Канибадам электр линиясынын ачылышына катышып, Баткен менен Ошту түз байланыштырчу, Тажикстан анклавы аркылуу өтчү жолду куруу боюнча келишимге кол коебуз. Тажикстан премьер-министри сөз арасында биздеги көчө жыйындарга токтолуп, анын аягы Тажикстандагыдай болуп кетпесин деген пикирин айтты.

Николай Танаев өкмөт нааразылыгын ачык билдирип аткандарды кепке келтирүү аракетин көрүп жатканын маалымдады. Жалалабат облустук кеңештин имаратына кирип алгандар акыры тажаганда кетишет дейт:

- Күтөбүз, отурушат, коридордо, тепкичтерде жатышат, акыры чарчашат, тажашат. Муну уюштургандар Жалалабат акимчилиги турган имараттын бет маңдайындагы мейманканада жатышат. Эки күн, үч күн коридордо, тепкичтерде жатыш кандай оор экенин ойлоп көргүлө. Уюштургандар адамдарды кандай азапка салышканын билишпейт бекен, билишет.

Өкмөт башчы нааразы болуп чыккандарды депутаттыкка өтпөй калгандар уюштурган деп ишендирди. Ал эми парламент шайлоодон четтетилген талапкер Акылбек Жапаров эл адилеттик издеп, калыстыкка жетиш амалында айласыз кадамга барышка мажбур деген пикирде:

- Дүйнөгө үнүбүз жетсе да, Акүйгө жетпей койду.

ЖАЛАЛАБАТТАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ТҮРДҮҮЧӨ МААЛЫМАТ ТАРАТЫЛУУДА

Бакыт Аманбаев, Бишкек Парламенттик шайлоонун биринчи айлампасынан тарта Кыргызстандын бир нече жеринде нааразылык чаралары өткөрүлүүдө. Жалалабат облустук бийликтин имаратын 4-мартта ээлеп алган атуулдар мамлекет башчы Аскар Акаевдин кызматтан кетишин, айрым шайлоо округдарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда. Ал эми аткаруу бийлиги алардын аракетин мыйзамсыз деп сынга алып, нааразылык акциясынын катышуучуларынын талабы аткарылбай тургандыгын маалымдады.

Парламенттик шайлоонун биринчи турунан тарта Кыргызстандын бир нече жеринде карапайым элдин нааразылык чаралары орун алууда. Жалалабат облусундагы нааразылык акциясынын катышуучулары 4-марттан тарта областтык админстрациянын имаратын ээлеп алышты.

Шайлоо жыйынтыгына нааразылык акциялары 5-мартта Бишкек шаарында, Жалалабат областынын Ноокен районунда, Ош шаарынын өзүндө жана Ош областынын Карасуу, Каракулжа райондорунда өткөрүлдү.

«Азаттык» радиосунун дубандагы кабарчысы Рысбай Абдраимовдун кабарлоосуна караганда, Жалалабат областык имаратынын алдында 5-мартта үч миңге жакын адам, ал эми Ноокен районунда эки миңге жакын атуул нааразылык акциясына чыгышты.

Жалалабат облустук бийликтин имаратын ээлеп алган атуулдар мамлекет башчы Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, айрым шайлоо округдарындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышууда. Азырынча алардын качан тарай тургандыгы белгисиз.

Кыргызстандын бир нече жеринде орун алган мындай нааразылык акциялары коомчулукта түрдүүчө бааланууда. Айрым жергиликтүү байкоочулар мамлекет башчы же премьер-министр мындай нааразылык акциясынын катышуучулары менен жолугушуп, окуяны жеринде жөнгө салбаса, өлкөдөгү кырдаал мындан да курчуп кетишээрин боолголошот:

- Токтобойт, күчөйт. Аксы окуясы учурундагыдай Бишкекке жөө жүрүш болот. Элдин баары чыгат. Окуя Украинадагыдай болуп өнүгөт. Анда бийлик кетүүгө аргасыз болот. Ошондуктан окуяны алдын алуу керек. Анткени окуя көзөмөлдөн чыгып баратат. -дейт «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөмөт уюм төрага орун басары, жаш саясат таануучу Марат Казакбаев.

Ал эми аткаруу бийлик өкүлдөрү болсо өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча башкача пикирлерин айтышып, нааразылык акциясынын катышуучулары Жалалабат областтык админстрация имаратын ээлеп алды деген маалыматты жокко чыгарышат. Ошондой эле бийлик өкүлдөрү Жалалабат областында нааразылык акциясына болгону беш жүздүн тегерегиндеги акчага алданган атуулдар, чыгышууда деген оюн журналистерге 5-мартта Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Президенттик администрация башчысы Болот Жанузаковдун айтымында, нааарызылык акциясынын талаптары аткарылбайт:

- Алардын талабы баягы эле ич күйдүлүктөн чыккан, өздөрүнүн жеке керт башын ойлогон талап. Шайлоо жыйынтыгын өзгөртүү бийликтин иши эмес. Анткени эл кол көтөрүп, шайлап алгандан кийин эмне үчүн алардын укугун бузушубуз керек. Мындай талап аткарылбайт.

Кыргызстан элдик кыймылынын төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн пикетчилердин талабы аткарылыш керек деген пикирде:

- Токтотуш оңой эле. Бийлик кызматтан кетип, шайлоо адилет өткөрүлүш керек. Шайлоодо бийлик тарабынан болгон элдин добуштарын сатып алуу, мамлекеттик административдик ыкмаларды колдонууга бөгөт коюш керек болчу.

Ошентип учурда Кыргызстандын жер-жерлеринде болгон саясий нааразылык акциялары боюнча коомчулукка түрдүүчө маалымат берилүүдө. Буга байланыштуу айрым байкоочулар учурда өлкө түштүгүндө болуп жаткан окуяларды мындан бир нече жыл илгери болгон Аксы окуясына салыштырышууда.

Аксы окуясы учурунда да аткаруу бийлиги биринчи күндөрү эч нерсе болгон жок деп, чыныгы болгон окуяны коомчулукка маалымдаган эркин маалымат каражаттарын күнөөлөгөн. Бирок иш жүзүндө окуя башкача болгонун коомчулук кечирээк билип отурат.

ТОКТОКАН БОРОНБАЕВА: “ЭЛ ТАЗАРМАЙЫНЧА АКЫЙКАТТЫК БОЛБОЙТ”

Парламенттик шайлоонун биринчи айлампасы эмнеси менен өзгөчөлөндү? Анда болгон өксүктөр жана мыйзам бузуулардын тегерегиндеги «Азаттыктын» суроолоруна Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, экс-талапкер Токтокан Боронбаева жооп берет.

- Токтокан айым, сиздин баамыңызда Жогорку Кеңешке депутаттыкка бул жолку ат салыш эмнеси менен айырмаланды?

- Эң эле башкы орунда байлык турду. Мыйзам чыгаруу жыйыны жакшы эле мыйзам кабыл алып берген, «Шайлоо кодексин» айтып атам. Ошондуктан, добуш берүүчү үкөккө же башкага байланыштуу шайлоо болгон жерлерде мыйзам бузуулар анча болгон жок. Бирок мыйзам бузуу сыртта болду. Сыртта арагы арактай, акчасы акчадай, ашы аштай берилди. Эл шайлоого кирбей, топ-топ болуп туруп алды, акча бергенден кийин кирип атышты. Кыскасы, добуш сатып алуу бүтүндөй шайлоочулардын арасында жүрдү.

- Сиз акчаңыз болбой калган үчүн өтпөй калган турбайсызбы, анда?

- Негизинен ошондой болду. Анан бизде баары бир жердешчилик, уруучулдук, улутчулдук баар бир чоң рол ойнойт экен.

- Ушу добуш сатып алуу деген нерсени депутат катары кандай кабылдадыңыз? Эмнеге байланыштырдыңыз?

- Биринчиден, элибиз жарды экен, 50 сом, 100 сомго муктаж экен. Экинчиден, жалпы алганда эч кандай жоопкерчилик жок экенин сезишти.

- Коомчулуктун аң сезими, элдин акылмандыгы деген нерсе кайда анда?

- Бул жолку шайлоодо Шайлоо кодексин негизинен шайлоочулар өздөрү бузду. Биринчиден, талапкерлер билип туруп добуштарды сатып алууга аракет жасашты, бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшашты. Экинчиден, шайлоочулар ошого азгырылышты. Аялдар бүтүндөй ошого барышты, аксакалдарыбыз барышты. Албетте, адегенде добуш сатып алууга аракет жасаган талапкерлер күнөөлүү. Бирок, эл да бул жерде күнөөлүү. Негизи абдан иренжиткен шайлоо болду.

- Азыр эми биринчи айлампада жарым-жартылай депутаттар аныкталып калды.Кандай ойлойсуз, келерки парламент кандай болот?

- Келерки парламентке реалдуу иштей турган 10 чакты депутат келет. Анан көпчүлүгү бизнесмендер болот. Өздөрүнүн ишкердигин сакташ алар үчүн негизги максат.

- Андай болгондо өлкөнүн тагдырына доо кетирчү жагдайлар түзүлбөйбү, ал жөнүндө ойлонуп көрдүңүзбү?

- Түзүлөт. Маселен, мына мени менен болгон талапкерлердин арасында парламентке эмне максат менен баратканын билбегендер бар экен.

- Сиз эми мыйзамчы депутат катары мындан ары өксүктөрдү кантип жоюуга болот деп ойлойсуз?

- Шайлоочулар менен өтө катуу иштеш керек. Качан шайлоочуларда акыйкаттык болуп, шайлоочулардын азгырылганы тыйылып, добушун сатпаганда бизде чындык болот.

- Байкоочулардын көпчүлүгү добуш сатып алууга өзү жол берди дешет. Сиз ушуга макулсузбу?

- Туура. Баарын көрүп-билип эле турду бүт бардыгы, бирок, тыюу салынган жок. Мисалы, биздин округда Оштон, Бишкектен машиналар кадимкидей эле ташып атышты. Ошонун баарын бийлик көрүп эле турду.

- Сиз шайлоодо мыйзам бузуулар болду деп атасыз, ушуга байланыштуу сотко кайрылып, өзүңүздүн укугуңузду коргогонго аракет кыласызбы?

- Жалпы шайлоочулардын баары ушуга барып, туш- туштан бүтүндөй мыйзам бузулуп атса, кайсынысын сотко бересиң? Бир гана жыйынтык чыгарыш керек, эл акыйкат болуп, тазармайынча болбойт экен.

- Бизде калктын 52% аялдар деп жүрөбүз. Азыр болсо бир жыныстуу парламент болуп калыш жагдайы түзүлүп турат. Сиздин пикириңиз?

- Мен бул жөнүндө көптөн бери эле айтып келатам. Божомолдор туура болуп келатат. Мен бир да аял өтпөй калышы мүмкүн, ашып кетсе үчөө болот деп айтып келаткам. Мына ошого жакындап келатабыз. Экинчи тур көрсөтөт эми. Бул жерде талапкердигин көрсөткөн аялдардын арасында күчтүү, өтө турган аялдар бар болчу.

- Менталитет күчтүүлүк кылат экен дейсизби?

- Абдан күчтүүлүк кылат экен. Анан эркектер кандай мыйзам бузса да, бардыгын кечире беришет экен.

- Сиз шайлоо учурунда аял катары кемсинген учур болдубу?

- Шайлоочуларга ачык эле айтып аттым, баары бир шайлоодо экинчи планга чыгарасыңар, мен көрүп турам, бирок, парламентке келгенде ошол жигиттердин добушун таппай каласыңар, кайда жүргөнүн деп. Бизде мына парламентте аялдар, үй-бүлө, жаштар жана саламаттык сактоо комитети бар эле. Ошол комитетте үч дарыгер кесиби ошондой болгону жана саламаттык сактоо ошол комитетке киргени үчүн иштеп жүрүштү. Калган жигиттер ал комитетке баргысы да келген жок. Анда иштеген да жок. Бул маселени көтөргөндөн да намыстанышат.

- Аялсыз парламентти кандай элестесиз?

- Эл аралык уюмдар иликтөө жүргүзүшкөн. Парламентте аялдар 20% болгондо алар балдар үчүн, 30% болгондо үй-бүлө үчүн, ал эми 40% болгондо коррупцияга каршы күрөшөт. Мындай өлкө өнүккөн өлкө катары саналат экен. Бизде азыр аялдар 1% да болбойт.

- Аялдардын парламентке көбөйүшү үчүн көп жолдорун айтып атышат. Маселен, квота киргизиш керек, мамлекеттик туруктуу саясат керек деп. Сиздин кандай сунушуңуз бар?

- Кандай болгон учурда да биздин менталитет, түшүнүк бүгүнкү күндөгүдөй болгон соң, квота киргизиш керек болчу. Квота болмоюнча аялдар парламентке келе албайт. Муну элге түшүндүрсөң деле азырынча эрте экен.

ЖАЛАЛАБАТТА КЫРДААЛ КУРЧ БОЙДОН

Президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин, президенттик шайлоонун мөөнөтүнөн мурда болушун, 13-марттагы парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынын таза өткөрүлүшүн жана облустун губернатору орунбасарлары менен кошо кызматтан кетүүсүн талап кылган пикетчилер 5-мартта да акцияны улантышты. Пикетчилер 27-февралдагы шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолуп, көпчүлүк эл жактаган Кыргызстан элдик кыймылынын мүчөлөрүнө бут тосуулар болгонун жана өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы начар экенин белгилешти.

Облустук бийликтин имаратынан ичинде 4-марттан бери турган пикетчилер менен губернатор Жусупбек Шариповдун баарлашуусу натыйжа берген жок.

Президент А.Акаев менен өкмөт башчы Н.Танаевдин, облус жетекчилеринин отставкага кетүүгө чакырган плакаттарды имарат боорун чаптап, көбүнчөсүн колдоруна көтөрүп алган пикетчилер нааразылыгын токтотпой тургандыгын айтышты:

- Акаевдик режим кулагыча биз ушул жерде турабыз.

Облустук бийликтин мандайындагы, имараттын ичиндеги,аларга улам кошулуп жаткан кишилердин урааны шаарды айланта кыдырган жаштардыкына кошулуп, кыйлага жаңырып турду.

Жалалабат университетинин окутуучусу Камила Калиева интеллигенциянын абалы оор экендигине кейиди:

- Интеллегенциянын жарымы базарчы болуп калдык. Эмне үчүн дегенде биздин экономикабыз отуруп калды, бизде белгилүү деңгээлдеги айлык акыбыз көтөрүлгөн жок. Казакстанда минималдык айлык акы биздин сомдо эсептегенде 8 жарым миңге туура келет .

“Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев “Арнамыс” партиясынын лидери Феликс Кулов Аскар Акаев кызматтан кеткенде гана түрмөдөн чыгаарын айтып, азыркы бийликтин саясатын, кемчиликтерин сынга алды:

- Эртең Акаевди кетирсек жарым сааттан кийин Куловду чыгарабыз. Акаевдер ажыратып койгон түштүктү менен түндүктү кайрадан данакерлеш керек. Кыргыз кайсы жерде болсо да бир улут. Улутту бөлүп-жарып, бир-бирине карама каршы коюп аткан бул Акаевдин бийлиги

Губернатордун биринчи орунбасары Куралбек Наскеев бардык маселени мыйзам жолу менен чечүүгө чакырды:

- Уюшуп алып кыйкырган кишилер ушундай олуттуу маселелерди чече берсе, бизде кайдагы демократия!?

Облустук прокурор Байтемир Ибраев да жогорудагыдай ойду колдоду:

- Мыйзамдын негизинде иш кылалы. Талаптарты койгула, бирок тартип бузбагыла. Бул имаратка кирип алгандын өзү тартип бузуучулук - деди прокурор.

Жогорку Кеңештин депутаты Бектур Асанов нааразылык акция учурунда эл менен милиция ортосунда эч кандай кагылышуу болгон жок деп билдирди.

ЖАЛАЛАБАТТА ПИКЕТЧИЛЕР ОБЛУСТУК БИЙЛИКТИН ИМАРАТЫНА КИРИП АЛЫШТЫ

Кыргызстан элдик кыймылынын облустук бөлүмү 4-мартта уюштурган митингдин катышуучулары жума күнү түшкү саат бир жарымда облустук бийликтин имаратын ээлеп алышты. Алар менен облустун укук коргоо жана коомдук тартипти сактоо уюмдарынын башчылары баарлашты. Имараттын ичиндеги 181 адам президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин талап кылышууда.

Президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган жарандар алгач облустун губернатору Жусупбек Шариповдун эл менен жолугушуусун талап кылышты. Бул убакта губернатор Жусупбек Шариповдун облустун аймагынан сырткары кызмат иши менен жүргөн.

Губернаторду бир саатча күткөндөн кийин пикетчилер облустук бийликтин имаратына киришип, үчүнчү кабаттын терезелерине «Аскар Акаев кызматтан кетсин!» деген жазууларды жана саргылжын түстүү желекчелерди желбиретип, илип коюшту.

Айрым пикетчилер Аскар Акаевдин түстүү сүрөттөрүн жыртып жерге ыргытышты. Алар облустук бийлик жана премьер- министр Николай Танаев да митингчилердин талабын аткара албасын айтышып, президент Аскар Акаевдин өзү менен гана сүйлөшөөрүн билдиришти. Нааразылык чаранын катышуучулары облустук прокурор менен ички иштер башкармалыгынын митингди сыртта улантуу сунушуна көнүшкөн жок:

- Биз ушул убакытка чейин бардык талаптарыбызды койдук, бир да талабыбыз аткарылган жок. Бул жердеги аткарыла турган талаптарыбызды силер аткарыла албайсыңар. Биздин талап ушул, Акаев кетиш керек, башка жол жок. Булар силерге жакпашы мүмкүн бирок кара таман элдин талабы ушул. Акаев бул жерге элдин алдына келе албаса, кетсин, - деди «Эрк» партиясынын облустагы координатору Медер Үсөнов.

Облпрокурор Байтемир Ибраимов жана облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Өмүрбек Эгембердиев бийлик имаратын ээлеп алуу мыйзамсыз жана ал үчүн жоопкерчилик бар экенин түшүндүрүштү:

- Бул законго, мыйзамга сыйбаган нерсе. Бул орусча айтканда захват власти. Бул мамлекеттик имарат. Ошондуктан мен элге айтып атам, акылдуулукка келели.

Базаркоргон районунан келген он балалуу Парипа Өскөнбаева эне максатына жетмейинче имараттан чыгышпай тургандыгын, болбосо, Бишкекке жөө жүрүшкө чугууга даяр экендигин айтты:

- Чалым оорулуу, өзүм да оорулумун, операция болгом, кыйын мага. Ошентсе да мен жөө-жалаң наристемди көтөрүп алып келдим. Кетпейбиз, биз качан Акаев бийликтен кетет, ошондо кетебиз. Саат төрттө чыккан бойдон биздин курсагыбыз ач, - деген Парипа Өскөнбаеванын оюн Нурбек Абдурасулов аттуу жаш жигит да колдоду.

Губернатордун биринчи орунбасары Куралбек Наскеев митингчилерге мындай кайрылды:

- Демократиялык коом куралы деп атпайбызбы, баарын демократиялык жол менен чечүү керек. Аны уюшуп алып кыйкырган кишилер чече берсе, анда кайсы демократия. Эртең ал кишинин таламын талашкан мындан көп киши чыгышы мүмкүн. Ал элдик добуш менен шайланган киши. Жалпы Кыргызстандын эли чечет.

Нааразылык чаранын 600-700гө чукул катышуучусу имараттын жанына чатыр тигип, түнү менен облустук бийликтин короосунан кетпей тургандыгын жарыялашты.

АСКАР АКАЕВ КӨШӨГӨ АРТЫНДА КАЛАБЫ?

Бакыт Аманбаев, Бишкек ЕККУ баш болгон эл аралык байкоочулар Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоонун биринчи айлампасында олуттуу мыйзам бузуулар орун алгандыгын малымдашты. Андан көп өтпөй АКШнын сенатору МакКейн парламенттик шайлоо толук эл аралык талаптарга ылайык өтпөгөндүгүн маалымдап, АКШ келчекте Кыргызстан менен мамилесин кайра карап чыгышы керек деген оюн билдирди. Эл аралык коомчулуктун парламенттик шайлоо тууралалуу сын пикирлерине кыргыз коомчулугунда ар кыл ойлор айтылууда.

Эл аралык байкоочулар 27-февралда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо олуттуу мыйзам бузуулар орун алгандыгын айтышып, шайлоо толук түрдө демократиялык жана эл аралык талаптарга ылайык өткөрүлгөн жок деп баа беришти.

Шайлоо өнөктүгү учурунда аткаруу бийлик өкүлдөрү тарабынан административдик ыкмалар колдонулуп, ар кандай жолдор менен шайлоочулардын добушун сатып алуу сыяктуу мыйзам бузуулар орун алгандыгын мисал келтиришти.

Андан көп өтпөй АКШнын сенатору МакКейн Кыргызстан жана Тажикистан өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо кетирилген мыйзам бузуулар үчүн аталган өлкөнүн ырасмий бийлигин сынга алган билдирүү таратты.

Сенатор өз билдирүүсүндө аталган өлкө жетекчилери мындан ары да ар кандай амалкөйлүккө бара албайт деген пикирин айтуу менен АКШ келчекте Кыргызстан менен болгон мамилесин кайра карап чыгышы керек деген оюн билдирген.

Дүйнөгө таасирдүү өлкөнүн сенаторунун мындай билдирүүсү коомчулукта түрдүүчө кабыл алынууда:

-Менин оюмча сенаторго туура эмес маалымат берилип калган. Ошондуктан ал ушундай туура эмес пикирди айтууда. Андыктан ал кишиге түшүндүрүш керек. - дейт президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев.

Ал эми оппозиция өкүлдөрү болсо,чындыгында эле парламенттик шайлоодо аткаруу бийлиги өкмөтчүл талапкерлерди өткөрүү максатында олуттуу мыйзам бузууларга барды дешет.

«Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин пикиринде, бул билдирүү кыргыз бийлигине жасалган алгачкы эскертүү:

- АКШ сенаторунун жогорудагыдай билдирүүсү кыргыз бийлигине болгон алгачкы эскертүү, эгерде аткаруу бийлик мындай кадамдарын уланта берсе, АКШ өкмөтү келчекте башкача кадамдарга барышы ыктымал. Кыргызстан буга чейин эки миллиард доллар алып, демократиялык реформаларды жүргүзөм деп убада берип алган. Сенатор айткан сөздөр жөн гана эскертүү. Керектүү мезгилде аны турмушка ашыруу башталат.

Парламенттик шайлоого 1700 ашуун көз каранды эмес байкоочу даярдаган «Демократия жана жарандык коом» үчүн бейөкмөт уюмунун башчысы Эдил Байсалов Аскар Акаев баштаган аткаруу бийлиги эл аралык уюмдардын сын пикирин эске алат деген ишенимде:

- Шайлоо алдында Кыргызстанда болгон саясий окуялардын аткаруу бийлигине таасири күчтүү болду. Андыктан президент Аскар Акаев келечекте шайлоого барбайт. Бирок ал келечекте да Кыргызстанды тымызын, көшөгө артында башкарам деп ойлоп жатат. Ал планы ишке ашышы мүмкүн. Бирок ал шайлоого барбайт.

БШК маалыматына караганда, парламенттик шайлоонун экинчи туру 13-мартта өткөрүлөт. Андан соң президенттик шайлоого даярдык башталат. Алдыдагы шайлоолордо эл аралык байкоочулардын жогорудагыдай сын-пикирлери эске алынабы же жокпу аны убакыт көрсөтөт.

ТАЛАПКЕРДИ КОЛДОГОН ПИКЕТ ӨТТҮ

№3-Гагарин шайлоо чөлкөмүнөн депутаттыкка талапкер Абдраим Кулбаевдин атаандаштыктан четтетилишине нааразы болгон шайлоочулар 4-мартта пикетке чыгышты.

«Таза Кыргызстанда» «таза шайлоо» өтүшү арсар ишке айланат окшоп калды. Капчыктуулардын мөрөйү үстөм болгонуна нааразы болгондордун катары күндөн-күнгө көбөйүп баратат.

Бишкекте 4- мартта №3-Гагарин шайлоо чөлкөмүнөн депутаттыкка талапкер Абдраим Кулбаев сот колу менен атаандаштыктан четтетилгенден кийин ал жерден К.Жолдошбаевдин жеңишке ээ болгонуна нааразы болгон шайлоочулар пикетке чыгышты.

- Райондук сот чече албаганда, Жогорку сот, бийликке чейин арызданат. Анан эмнени чечет Жогорку сот?

Депутаттыкка талапкер Абдраим Кулбаевдин шайлоо штабынын жетекчиси Байысбек Касымбековдун ырасташынча, эл парламент шайлоонун калыс өтпөгөнүнө, капчыктуулардын апачык эле добуштарды сатып алганына нааразы.

- Бу шайлоо учурунда мыйзам бузуулар болгонун элдин баары эле билет. Акчага сатып алган, көмүргө сатып алган, элдик коркуткан-үркүткөн. Ар балээ кылганын далилдеп турса дагы К.Жолдошбаевди 48% менен утту деп, андан кийин К.Жолдошбаев экинчи турду болтурбаш үчүн үч шайлоо участогундагы шайлоонун баарын жалганга чыгарып, өзүн биринчи турда өттүм деп бүгүнкү «Агым» гезитинде жүрөт. Мына ошону уккан эл толкуп кетип атат.

Эмне үчүн акыйкат шайлоо, «таза Кыргызстан» деп айткан Аскар Акаевдин чакырыгына кошулбастан, кайра тескерисинче «кара шайлоо», булганыч шайлоо, шайтан оюндар ишке кирип, экинчи турда да болсо күрөшө турган элге мүмкүнчүлүк бербей, биринчи турдан утуп алат? Ушундан улам эл толкуп жатат.

Абдраим Кулбаевдин шайлоо атаандаштыгынан алынып салынышына көбүнесе Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын жашоочулары нааразы. Аны алардын өзүнөн уксак.

- Мүсүралиева Канайым. Ушу «Алатоо» жаңы конушунан жер алгандан бери кандай гана азап менен там куруп атабыз. Биз кандай жерде болсок, ысыкты бассак ысыкты басып, суукта калсак суукта калып, канча адамдар ушул жерде, үйүнүн документи да жок жүрөт, ошолордун баарына колкабыш кылам деген кишилерди көкүрөктөн түртүп атышат.

- Эртең менентен бери ачка келип кечке турабыз. Абдраим Кулбаевди шайлоосуна кошуп койсун. Башка депутаттын кереги жок. Көмүр берип беш жылга чейин бизге эч нерсе кыла албайт.

Эртең менен Жогорку сот, андан кийин Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун алдында пикетте тургандар эч кандай мыйзам бузууларга барган жок, деп билдирди башкалаанын ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев:

- Булар акырын тынч туруп атышат. Биздин кызматкерлер да жолду тоспогула, мыйзамды бузбагыла деп эскертип жатышат. Алардын баары тынч турганына байланыштуу биздин кызматкерлер да тынч турушат. Эч кандай чара көрүлгөн жок.

Парламент шайлоонун жүрүшүнө нааразы болгондордун жыйын, пикет, жөө жүрүш, жол тосуулары күндөн-күнгө арбып баратат. Мамлекет башчысынын оозунан чыгып кеткен «бергенин ала бергиле, шайлоо кабинасында кимге добуш берүүнү өзүңөр билесиңер» кеңеши бул жолку шайлоодо турмушка толук ашмай болду.

ШАЙЛОО: ЭКИНЧИ АЙЛАМПАГА СЕГИЗ КҮН КАЛДЫ

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы 13-мартка белгиленди. Бул күнү добуш берүү 42 шайлоо округунда жүрүп, ага биринчи айлампада алдыга чыккан 84 талапкер катышат.

Борборшайлооком 13-мартта Тоң шайлоо округунда да шайлоо болоорун жарыялады. Шайлоочулардын нааразылык чараларына байланыштуу БШК бул округда 27-февралда шайлоо өткөргөн эмес.

Ал эми Кочкор шайлоо округунда нааразылык чараларын уюштурушкан шайлоочулар 27-февралда бардык талапкерлерге каршы добуш беришкен. Бирок бул округда 13-мартта шайлоо болор-болбосун Борбордук шайлоо комиссиясы ачыктай элек. Таратылган маалымат боюнча калган округдардын бардыгында шайлоо камылгалары мыйзам чегинде уюштурулууда.

Байкоочулардын бир бөлүгү парламенттик шайлоонун экинчи айлампасында мыйзам бузуулар мурдагыдан да көп кайталанарын белгилеп жатышат. Маселен, экс-талапкер Турсунбек Акундун пикиринде, ырасмий бийликке ыңгайлуу талапкерлерди өткөрүү аракети биринчи айлампадагыдан да күчтүү болот:

- Кыргыз бийлиги өз кишилерин экинчи айлампадан өткөрүп алуу үчүн болгон күчтүн баарын жумшап атат, доллар менен акчаны берип атат, кылмыш чөйрөсүндөгү кишилерди алып барууга да аракет кылып атышат. Командаларды алып барууда. Кыскасы, оппозициянын өкүлдөрүн өткөрбөш үчүн бийлик болгон аракеттин баарын жасайт.

Парламенттик шайлоонун биринчи айлампасына көз салган ЕККУнун байкоочулар миссиясы шайлоонун биринчи айлампасы мыйзам бузуулар менен өттү деп, административдик кийлигишүү, добуштарды сатып алуу өңдүү дооматтарды келтирген. Мындай дооматтарга макул эместигин тышкы иштер министри Аскар Айтматов ушул аптада билдирди.

Ал эми президент Аскар Акаев Кыргызстан элинин 5-февралда өткөн 5-курултайында сүйлөгөн сөзүндө бардык аракеттер таза шайлоого багытталарын белгилеген болчу:

- Таза, тунук, акыйкат, чынчыл шайлоо өткөрүү ар-намыстын иши. Мен көп жолу айттым, бул тууралуу кыргызстандыктардын бардыгы билишет, мен бул кыргызстандыктардын, менин элимдин ынанымы деп айткандан коркпойм.

Бирок оппозициялык саясатчылар ырасмий бийликтин айтканы менен жасаганы бири-бирине каршы келет дешет. Биринчи айлампада утулган талапкерлер болсо парламенттик шайлоого ырасмий бийлик ачык кийлигишип, өз кызыкчылыгына дал келген талапкерлерди ачык сүрөгөнүн айтып жатышат.

КДК саясий партиясынын Түп райондук бөлүмүнүн жетекчиси Кожогулов Нурдан күткөнүбүз акталбай калды дейт:

- Биз парламенттик шайлоо калыстык менен өтөт деп күтүп атканбыз. Көпчүлүк жерде административдик чаралар, күчтөр колдонулду. Бардык жерде эле деп айтсак да болот. Элдин менталитетин алганда, азыркы жакырчылыкта жашап аткан элдин деңгээлине байланыштырып туруп, акча, ар түрдүү нерселер менен алдап, элди сатып алгандай эле болду.

Кожогулов Нурдандын пикиринде, ырасмий бийлик шайлоо учурунда басым жасоону улантса, эл нааразылык чараларын күчөтүшү ыктымал:

- Болбосо мурда эл саясий окуяларды анализдеп гана турушчу. Бул жолу калыстык болбогондуктан, эл абдан көтөрүлдү. Ысыккөл, Түп, Тоң райондорунда эл калыссыздыкка каршы көтөрүлүп, Ысыккөл облусунда элдин саясий көз караштары жетилип калганына күбө болдук.

Бирок айрым байкоочулар экинчи айлампада жалпы коомчулуктун көңүлүн бургудай окуя Ысыккөл жана Нарын облустарында Тоң менен Кочкордогудай окуялар күтүлбөйт дешүүдө.

Акыркы күндөрү Ноокен, Карасуу районундарында, Жалалабад, Ош, Бишкек шаарларында нааразылык акциялары уюштурулууда. Айрым көз карандысыз байкоочулар жер-жерлердеги нааразылык чаралары массалык мүнөзгө ээ болуп кетишин жокко чыгарышпайт. Мындай пикирди белгилүү коомдук жана саясий ишмер Ишенбай Абдыразаков да жокко чыгарбайт:

-Эгер бийликтин шайлоого кийлигишүүлөрү чектен чыгып кетсе, жанагы көп жердегилер биригип, чогуу аракет кылып, бир балакет чыгып кетиши да мүмкүн.

Саясатчынын пикиринде, кандай болгон шартта да 2005-жылкы парламенттик шайлоо мурдагылардан айырмаланып, тарыхый өзгөчөлүккө ээ болду. Мындай оюн ал Кочкор жана Аксы шайлоо округдарындагы шайлоочулардын тандоо эрки менен байланыштырды.

ОШТО ПИКЕТЧИЛЕР МЭРИЯНЫН ИМАРАТЫН КУРЧАП АЛЫШТЫ

Кубанычбек Жолдошев, Ош №48 Достук шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Полот Төлөновдун миңден ашуун жактоочулары 3-март күнү шаардык мэриянын имаратын курчап турушат. Нааразылык чарасынын катышуучулары аймактагы шайлоо комиссиясынын төрт шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарган чечимин күчүндө калтырууну талап кылышууда.

«Давран Сабировго парламентте орун жок. Кыргыз-өзбек ынтымагына шек келтирилбесин. Жоголсун улутчул депутаттар» деген өзбек, кыргыз тилдеринде жазылган ураандарды көтөргөн пикетчилер шаардык мэриянын алдында митинг өткөрүштү.

Нааразылык чаранын катышуучулары Давран Сабировду улутчулдук идеяны таркаткан адам деп айыпташты:

- Давран Сабиров өзбек, кыргызды экиге бөлдү. Ушунусуна жооп берсин. Биз өзбектер кыргызга добуш бергенбиз - дейт өзбек улутунун өкүлү Хакимжан Мамажанов.

Шаар мэринин биринчи орун басары Жумадыл Исаков митингде чыгып сүйлөп, чогулгандарды соттун чечимин күтүүгө жана акыл-эстүүлүккө чакырды:

- Сот бүтө элек, чечим чыга элек. Ошол соттун чечимине карата мыйзамдын чегинде иштер жүрүш керек. Бул жерде ызы- чуу кылгандан эч бир натыйжа чыкпайт.

СӨЗ ЭРКИНДИГИ БОЮНЧА ФОРУМ ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОДУ

Кыргызстанда сөз эркиндигин коргоо боюнча атуулдук форум болуп өттү. Ага саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, бийликтин өкүлдөрү катышты. Форумда көз карандысыз “МСН” гезитине бийликтин кысымы, “Азаттык” радиосунун уктурулбай калышы өңдүү маселелер талкуланып, форумдун катышуучулары мамлекет башчысына, коомчулукка кайрылуу жолдошту.

Форумда шайлоо өнөктүгү учурунда мамлекеттик телерадио жана басылмалар бийликти жактаган бир жактуу маалыматтарды таратып, калкты так, толук маалымат менен камсыз кылбаганы сынга алынды.

Эркин басма үйүнө электр жарыгынын токтотулушу, «МСН» гезитине бийликтин кысымы, «Азаттык» үн алгысынын уктурулбай калышы бийлик тарабынан атайын уюштурулган иш чара катары бааланды.

Кыргызстан элдик кыймылынын лидери, экс-премьер министр Курманбек Бакиев сөз эркиндигине кысым жасап, көз карандысыз басылмаларды жабуу аракеттерин аткаруу бийлигинин эл ишениминен кетиши катары баалады:

-Көз карандысыз басылмаларды бийлик тарабынан жабууга жасалган аракет жакшы жышаан эмес. Анткени бийлик бүгүн элдин ишениминен кеткен. Бийлик абдан коркуп атат. Бийлик мамлекетти натыйжалуу башкарууга жөндөмү болбой калды.Ошондуктан чындыкты бурмалоо максатында сөз эркиндигине кысым көрсөтүүдө.

Белгилүү саясатчы Дооронбек Садырбаев Ноокен районунун эли шайлоонун акыйкатсыз өткөнүн, эркин маалымат каражаттарына бийлик тарабынан кысым көрсөтүүнү токтотууну жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн кызматтан кетирүү талабы менен уюштурган митингде аз жерден улуттар аралык кагылышуу болуп кете жаздаганын маалымдады.

- Ноокен эли тынч митинг өткөрүп райондун акимин кызматтан өз каалоосу менен кетишин талап кылышса, аким Массы айылындагы өзбек улутундагы шайлоочуларга барып, "кыргыздар чогулуп алып өзбектерге кысым көрсөтүүдө, силер да чогулгула" деп үгүттөптүр. Нааразы болгон 12 миңдей элди араң токтотуп калдым. Эгер эртеңки күнү жаңжал чыгып кетсе, мен жоопкерчилигин ала албайм. Бийликтин тиешелүү адамдары алдын ала барып сүйлөшсүн.

Доорондек Садырбаев президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевден бийлик өкүлдөрүнө Ноокендеги кырдаал боюнча маалымат жеткирип барууну өтүндү.

Президенттин басма сөз катчысы Ноокендеги кырдаал боюнча пикирин мындайча билдирди:

- Садырбаев аксакал айткан дооматтар жөнсүз. Бийлик буга эч качан барбайт жана барган эмес. Мен ойлойт элем, эл менен кагыштырууга үчүнчү күчтөр кызыкдар.

Жыйын соңунда мамлекет башчысына, коомчулукка кайрылуу жолдонду. Кайрылууда көз карандысыз маалымат каражаттарына бийлик тарабынан кысым жасоону токтотуу, сөз эркиндигин коргоо, адам укуктарын сактоо талаптары айтылган.

«Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева кайрылуунун мазмуну менен тааныштырып жатып буларга токтолду:

- Эркин маалымат каражаттарын коргоо жана «Азаттык» үн алгысынын берүүсүн толугу менен аба толкунуна чыгарыш үчүн бардык район, шаарларда митинг жана жыйындарды өткөрүү чакырыгы менен коомчулукка кайрылабыз.

АСКАР АКАЕВДИН ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ “НАСААТЫ”

Айданбек Акмат уулу, Бишкеk 2000-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында мамлекет башчысы Аскар Акаев эл менен жолугушууда “бергенин ала бергиле да, көңүлүңөр жакканга добушуңарды бере бергиле” деген насаат айткан. Мына ошол “насаат” коомдун моралдык абалына, шайлоонун маани-маңызына кандай таасир этти?

27-февралдагы парламенттик шайлоодо Аксы районунун калкы атуулдук эркин акчага алмаштырган жок. Кочкорлук шайлоочулар да шайлоодон четтетилген талапкерин колдоп, бекем турушту. Бирок жалпысынан шайлоо жараянында "капчыктардын жарышы" болгонун талдоочулар белгилеп жатышат.

Бул көрүнүштүн түбү калктын жакырдыгына жана маалыматка таңсыктыгына барып такалат дешет байкоочулар. Жергиликтүү талдоочулардын баамында, “добушту сатып алуу” идеологиялык жактан президенттин 2000-жылдагы чакырыгы менен куралданды.

Президенттин мына ошол чакырыгы жаңылыштык болгон дейт “Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдуразаков:

- Ал кишинин ошентип айтканы абдан олдоксондук болгон. Мамлекет башчы катары ошондой сөздү эч качан айтпаш керек. Себеби мындай үндөөлөр “алганын ала бер, башкага добуш бере бер” деген сөзү кишини эки жүздүүлүккө түртө турган нерсе.

№32 Атбашы шайлоо округу боюнча ат салышкан талапкер Накен Касиевдин айтымында, бул округда добуштарды ачык түрдө сатып алуу, административдик каражатты пайдалануу өкүм сүрдү.

Накен Касиев президенттин 2000-жылдын алдындагы чакырыгы эң туура эмес болгон деген пикирде:

- Бул чакырык түбүндө эң туура эмес болгон. Эгерде андай боло турган болсо, кодексти эмнеге кабыл алдык? Мына ушундай чакырык болгондон кийин акчалуулар ачык , коркпой-үркпөй эле акчасын чачышты. Ошон үчүн тизмени карасаңыз, бүт эле капчыктуулар келди.

Бишкектеги Асанбай шайлоо округунан талапкер катары чыккан Алевтина Проненконун айтымында, шайлоочуларга акча таратуу бул элди коррупцияга аралаштыргандык болду.

“Агым” гезитинин башкы редакторунун орун басары Мамат Сабыров президенттин мына ошол чакырыгы тууралуу мындай пикирин ортого салды:

- Көп адамдар үчүн бул күтүүсүз болгон. Анткени бул, түшүнгөн кишиге паракорлукту колдоо, актоо, же болбосо элди аң сезимдүү түрдө көз боемочулукка, эки жүздүүлүккө үндөө катары кабыл алса да болот.

Анын айтымында, эгемендүүлүк доорунда бул ураан ишенимдүү түрдө турмушка ашып, акыр парламентке капчыктуулар келе баштады:

- Мисалы, “легендарлуу парламенттин” курамын карасак, анда жазуучулар, дарыгерлер, интеллегенциянын өкүлдөрү бар эле. Азыр карасаңыз кимдер келатат!? Элди биринчиден талапкерлер бузса, экинчи жактан бийликтегилер капчыктууларга жашыл жарык берип, ошолорду кубаттап ак бата берип жатат. Чындыгында алар элдин табитин туура жолго тарбиялаш керек эле.

БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР БШКга СУНУШТАРЫН ЖОЛДОШТУ

Азиза Турдуева, Бишкек «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы Борбордук шайлоо комиссиясына парламенттик шайлоонун экинчи айлампасын өткөрүүдө эске алынышы тийиш деген айрым сунуштарын жолдоду. Коалиция 27-февралдагы парламенттик шайлоого көз карандысыз байкоо салуу менен бирге добуштарды эсептөө өнөктүгүн да жүргузгөн. Коалиция тарабынан жүргүзүлгөн байкоолорго ылайык, бир нече шайлоо округдарындагы шайлоонун жыйынтыктары кайрадан каралып чыгууга тийиш.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы буга чейин 27-февралдагы парламенттик шайлоо бир катар себептерге байланыштуу ачык жана акыйкат өткөн жок деген билдирүү жасаган.

Шайлоодо орун алган негизги мыйзам бузуулар жөнүндө уюмдун жетекчиси Эдил Байсалов мындай дейт:

Биринчиден, добуштарды сатып алуу фактылары өтө көп болду. Экинчиден, көз карандысыз маалымат каражаттарынын ишине тоскоолдуктар жасалды. Үчүнчүдөн, шайлоочуларды шайлоо участкаларына ташып келүү фактылары көпчүлүк округдарда болду. Шайлоо округдарынын көпчүлүгүндө шайлоочулардын тизмелери туура эмес түзүлгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев 28-февралда шайлоо мыйзам чегинде жана одоно мыйзам бузууларсыз өттү деп ырасмий жарыялаган:

- Кандай гана шайлоо болбосун, кайда гана болбосун бу бийлик үчүн күрөш болгондон кийин тиги же бул каталыктар, мыйзам бузуулар болбой койбойт. Мыйзам бузуулар тууралуу бизге жеткен маалыматтар боюнча республикада шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир эткендей деңгээлдеги бир дагы мыйзам бузууну таба алган жокпуз.

Коалиция шайлоого байкоо салуу менен бирге, шайлоо участкаларынан алынган протоколдордун негизинде добуштарды эсептөө өнөктүгүн да жүргүздү. Уюм жалпысынан Борбордук Шайлоо комиссиясы шайлоо боюнча жарыялаган жыйынтыктарды мыйзамдуу деп эсептейт.

Бирок, ошону менен бирге коалиция айрым шайлоо окуругдарында добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмаланды деген бүтүмгө келди. Бишкек шаарындагы №3 Гагарин жана №4 Ахунбаев шайлоо округдары, Жалалабат облусундагы №24 Ноокен , № 28 Кызылтуу шайлоо округдары жана Талас облусундагы №54 Талас шайлоо округу белгиленди.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын пикиринде, аталган шайлоо округдарынын жыйынтыктары кайрадан каралып чыгууга тийиш. Анткени, бул шайлоо округдардагы добуш берүүнүн жыйынтыктарына мыйзам бузуулардын көптүгү олуттуу таасирин тийгизген.

Уюмдун байкоочуларынын маалыматтары боюнча, бул округдарда добуштарды сатып алуу, шайлоо күнү үгүт иштерин жүргүзүү, кайра-кайра добуш берүү сыяктуу мыйзам бузуулар орун алган. Мисалы, Коалициянын Бишкек шаары боюнча координатору Эльнура Сасыкеева Ахунбаев шайлоо округунда орун алган мыйзам бузууларга байланыштуу мындай дейт:

- Биз байкоо жүргүзгөн Ахунбаев шайлоо округунда шайлоо күну да үгүт иштери журүп жатты. Ал эми участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү тарабынан протоколдорду толтуруу эрежелери одоно бузулуп жатты.

Бейөкмөт уюмдар коалициясы өзүнүн парламенттик шайлоодо жүргүзгөн байкоолоруна жана добуштарды эсептөөдөгү жыйынтыктарына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясына бир катар сунуштарын жолдоду. Алардын айрымдарына коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов мындайча токтолду:

- Биринчиден, биз 27-февралдагы шайлоодо түшкөн жүздөгөн арыз, протоколдор иликтөөгө алынып, алардын айрымдары боюнча кылмыш иштери ачылышы керек. Экинчиден, массалык маалымат каражаттарынын, өзгөчө мамлекеттик маалымдоо каражаттарынын ишинин шайлоо өнөктүгү учурунда мыйзам чегинде иштеши көзөмөлгө алынууга тийиш. Ал эми 26-февралда КТР, КООРТ каналдарында оппозицияга байланыштуу бир жактуу материалдарды даярдаган адамдар жоопкерчиликке тартылышы керек , -деди Эдил Байсалов.

Бейөкмөт уюмдар коалициясы тарабынан ошондой эле баш бармакка белги койуу тартибин так аныктоо, шайлоо участкаларында протоколдордун мыйзам бузууларсыз түзүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүү, депутаттыка талапкерлер тарабынан шайлоо фондуларынын пайдаланылышы боюнча ачык маалыматтарды жарыялоо, талапкерлердин отчеттору менен таанышууга маалымат каражаттары үчүн мүмкүнчүлүк түзүү сыяктуу сунуштар Борбордук шайлоо комиссиясына жолдонду.

28-февралда ЕККУнун байкоочулар миссиясы да кыргыз өкмөтүнө шайлоого байланыштуу бир катар сунуштарын айтып, көз карандысыз маалымат каражаттарынын ишине тоскоолдук көрсөтүүдөн, оппозициянын аракеттерин экстремисттик аракеттерге байланыштырган билдирүүлөрдү жасоодон жана башка мыйзам бузууларга баруудан карманууга чакырган.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар Коалициясы 13-мартта өтө турган парламенттик шайлоонун экинчи айлампасына да байкоо салып, өз алдынча добуштарды эсептөө ишин жүргүзөт.

БАТКЕНДЕ СӨЗ ЭРКИНДИГИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Шайырбек Эркин уулу, Баткен Баткенде «Кыргызстандагы сөз эркиндиги: бүгүн жана эртең» деген аталыштагы “тегерек үстөл” болду. Бул жыйында «Азаттык» радиосу менен «МСН» басылмасына байланышкан бүгүнкү кырдаал талкууга алынды. Жыйындын катышуучулары аталган радионун Кыргызстанда уктурулбай калышын саясий чечим катары баалашып, шайлоо алдында бийликтин атайын жасаган аракети деген пикирлерин айтышты. Жыйын соңунда өлкө башчысына кайрылуу кабыл алынып, “Азаттык” радиосун уктурууну калыбына келтирүүгө чакырык ташталды.

Облустук кеңештин депутаты Хаид Айкынов «Азаттыктын» жергиликтүү толкундардан уктурулбай калышынын артында саясий максаттар жатат деген пикирин билдирди:

- Саясий максаты бар экендиги ачык эле көрүнүп турат. Башка мезгилде эмес, дал шайлоо жакындаган мезгилде өчүрүп койгондугу кандайдыр бир күчтөрдүн элге туура маалыматтардын жетип турушуна тоскоол кылуу максатында жасаган аракети деп ойлойм. Ал эми «Моя столица» гезитиндеги макалалар канчалык аныктыгын сот аныктайт.

«Жаңы Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлү Камалидин Ахмедов да бийликтин шайлоо алдында атайын жасаган аракети деген пикирде:

- Биз Баткен облусунун калкы дүйнөдөгү, өлкөбүздө болуп жаткан окуяларды «Азаттык» радиосу аркылуу гана билип турчу элек. Анткени мамлекеттик маалымат каражаттары окуяларды болгонун болгондой, так, калыс бере албайт. «Азаттык» уктурулбай калышы менен биз көп нерселерден кабарсыз калдык. Менимче, бул бийликтин шайлоо алдындагы атайын жасаган аракети болуш керек.

Жыйынга катышкан жергиликтүү бийликтин жана облустук, райондук басылмалардын өкүлдөрү бул маселе боюнча өз ойлорун ачык айта алышкан жок. Ал эми эркин журналист Саватбек Эгембердиев мындай талкуу «Азаттыктын» уктуруусу бүгүнкү күндө абдан зарыл экенин дагы бир жолу далилдеди деп эсептейт:

- Жыйында «Азаттык» радиосу, «МСН» гезити боюнча азыркы акыбал айтылды. Катышуучулардын кээ бирлери бул акыбалды анча билбейт экен. Бул Баткен облусунда азыркы күндө маалыматтык таңсыктык күчтүү экенин, «Азаттык» радиосунун уктуруусу бүгүнкү күндө зарыл экендигин дагы бир жолу далилдеп атат.

Аймактагы көз карандысыз «Салам» радиосунун жетекчиси Максүда Айтиева бул көрүнүш мамлекет башчысына утуш алып келбейт деген оюн билдирди:

- Оппозициячыл күчтөр болсун, кандайдыр башка тараптар болсун азыр ушуну президенттин өзүнө каршы колдонушу мүмкүн. Биз демократиялык жолду тандап алгандан кийин ал жерде маалымат таратуу биринчи демократиянын көрүнүшү болуп эсептелинет. Менин оюмча, ушул окуялар биздин президентибизге утуш алып келбейт, тескерисинче…

Жыйын соңунда өлкө президенти Аскар Акаевге кайрылуу кабыл алынды. Анда «Азаттыктын» Кыргызстанда уктурулбай калышына Баткен эли да тынчсынданып жаткандыгы, мындай аракет өлкөнүн демократиялык беделине шек келтирээри белгиленип, мамлекет башчысынан радионун уктурулушун кайра калыбына келтирүүгө таасир көрсөтүү талабы айтылган.

АРАККА АЛДАНГАН ЭЛ, "УУРУНУ АЛЫСТАН ИЗДЕБЕГИЛЕ", ӨЗБЕКСТАН АТУУЛУ КЫРГЫЗ ДЕПУТАТЫ

Парламент шайлоо негизинен капчыктуулардын мөрөйү үстөм болгонун көрсөттү. Арак менен акчага сатылган калк чөнтөгү калыңдарды ээрчиди. Шайлоо жыйынтыгы тууралуу кыргыз басылмаларынын кыйласы ушундай жыйынтык чыгарышты.

«МСН» гезитин жайлашууда, кезекте ким?» деп суроо коет бейшембидеги «Трибуна» гезити. «Өкүмдарлардын көңүлүн ачып, көөнүн жайгарчу апендилери болчу. Андайларга акылдуу кишилерден тандашкан. Апенди гана өкүмдарга ачуу чындыкты айта алган. «Саясат» деген көрсөтүүнү уюштурган мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов андай ишке жарабайт», деп жазат Ы.Өмүрзаков.

«Өзбекстан атуулу кыргыз парламентинин депутаты болду». «Алга, Кыргызстан!» партиясынын мүчөсү Абдумиталип Хакимов Өзбекстан атуулу экенин эки өлкөнүн тартип коргоо кызматкерлери аныкташканын маалымдайт гезит автору.

Жаңы парламент мүчөсү 1992-жылдан бери Өзбекстан жараны, өзбек жамаатынын жетекчиси. Убагында ашыналарга автономия берүү талабын коюп чыккандардын бири. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги да жаңы депутаттын Кыргызстан атуулу эместигин ырасташкан. Анын кантип депутат болгонун уккандан кийин өзүн сыйлаган Борбордук шайлоо комиссиясы кызматын таштап кетиши керек эле, деп жазат Ы.Өмүрзаков. Автордун маалымдашынча, ушу тапта Өзбекстандын тартип коргоо органдары жаңы депутатты мыйзамга сыйбаган иштери үчүн издеп жүрүшөт.

Кыргызстанда турак-жай курулушу кулач жайып, калкты үй менен камсыз кылуу программасы ишке ийгиликтүү аша турганын бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити маалымдады.

«Акаевдин бийлиги турганда Кыргызстанда чындык жок. Сага да бийлик башындагылар тиш салбасын. Сенин бийлик башындагылар тууралуу кашкайган чындыкты айтып, мамлекеттик түзүлүштү түптөйлү дегениңден майнап чыкпайт. Бизде мамлекет талкаланып бүткөн алдакачан эле».

Бул депутаттыкка талапкер болгон ойчул акын Өмүрбүбү Бегалиеванын бейшембидеги «Жаңы кылым» гезитинде жарыяланган «Сатылган калк жана жылмайган президент» деген маегинен алынган үзүндү.

«Мамлекеттик бийлик коррупцияга белчесинен батып, карапайым эл, анын ичинде айрыкча жаштар жарым бөтөлкө арактын артынан же 100-200 сомдун артынан тоголонуп турган кезде эмне жөнүндө айтууга болот?», дейт Ө.Бегалиева.

«МСН гезитин сотко берүүгө камданып алган президент А.Акаевдин калкка кайрылуусуна жооп кылып журналист К.Токтошев мамлекет башчысына ачык кат жолдогон.

«Кыргызстанда адам укугунун абалы менен сотторунун тазкейпи кандай экенин көзү көрүп, кулагы уккан ар бир адам жакшы билет. Биздин соттор арнамыс, абийириң кордолмок тургай, тепселип атса да тергеп-коргоп койбойт. Тескерисинче, коргоо издеп кайрылган кордукталгандарды зордоп, ого бетер кордоп, ого бетер ызалап, шылдыңдап, эки-үч жыл сүйрөп убара тарттырып, бөөдө убайымга батырары эч кимге жашыруун эмес. Ушундай реалдуу шартта момун элди соттон арачалаш ордуна, «менден үлгү алгыла» деп аларды соттун уу тырмагына түртүп атканыңызды мен элге кастык катары бааладым», дейт ачык кат ээси жума күнкү «Аалам» гезитинде жарыяланып жаткан макаласында.

Социолог мударис Кусейин Исаевдин маеги «Парламентке жалаң байлар келмек болду» деген аталышта жарык көргөн. Ушул эле гезитте жаңы парламентке капчыктуулар арбын келиши тууралуу журналист Кенжебек Арыкбаевдин макаласы чыккан.

Мурда бийлик каалаганын эл пикирин сурап отурбай эле өткөрчү, эми жагдай башка жагына оогон экен, кочкорлуктар Акүйдүн амалына келиштире жооп бергенине жума күнкү «Кыргыз руху» гезитинде Мирлан Дүйшөнбаев токтолгон.

«Кыргыз элинин кадырман аксакалы Т.Усубалиевдин мындай өтө ыңгайсыз абалда калганы чындыгында эле оор болду. Бир жагынан бул кочкорлуктар гана эмес, нарындыктар үчүн да уят, экинчи жагынан чыныгы катаал саясий күрөштү өзү чакырган адам, албетте, мындай жыйынтыкка психологиялык жактан даяр болуусу зарыл», деп жазат автор.

Парламент шайлоодо арам акчага сатылгандардын мөрөйү үстөм болгонун айгинелеген иш болгонун жума күнкү «Агым» гезитинде саясатчы Т.Какчекеев «Ууруну алыстан издебегиле. Ал жаныбюызда эле» деген макаласында жазды. №1-Университет шайлоо коругунда шайлоо кандай өткөнү «Арнамыс» партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиевдин макаласында баяндалган.

Борбор Азия республикалары президент Н.Назарбаевдин демилгесин колдоп биригиши мүмкүнбү суроосуна жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде Э.Момунов жооп издеген.

Жума күнкү «МСН» гезитинде дарыгер Ж.Назаралиевдин каты жарыяланды. Автордун ырасташынча, бийлик калктан алыстап, башкача ойлонгондорду куугунтуктоодон башка арга таба элек.

Оппозиция жетекчилеринин бири Р.Отунбаеванын дарчасындагы жардыруу тууралуу кабар да гезиттин жаңы санында жарыяланды. Журналист В.Тимирбаевдин «Жалган шайлоонун аягы барбы?» деген макаласы да гезиттин жаңы санында жарыяланган.

СОТ ТАЛАПКЕРДИН ӨТҮНҮЧҮН КАНААТТАНДЫРГАН ЖОК

Кубанычбек Жолдошев, Араван Араван райондук соту 3-март күнү талапкер Турсунбай Алимовдун добуш берүүнүн жыйынтыктарына нааразы болгон үч миңге жакын шайлоочуларынын талаптарын канааттандыруусуз калтырды. «Алга, Кыргызстан!» партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Махамаджан Мамасаидовдун пайдасына чыгарылган жергиликтүү шайлоо комиссиясынын чечими күчүндө калтырылды. Талапкер Турсунбай Алимов Жогорку сотко кайрыла тургандыгын билдирип, жактоочуларын үч күндөн бери уланып жаткан нааразылык чараларын токтотууга чакырды.

№49 Араван шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Турсунбай Алимовдун эки шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра кароого байланышкан арызы сот жараянында эки күнгө жакын каралды. Тийешелүү далилдерди көрүп, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн толук уккан соң, судья Сапар Шакенов шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга негиз жок деген соттун өкүмүн угузду:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка кандидат Турсунбай Алимовдун Араван №358 шайлоо участкасынын шайлоо комиссиясынын 27-февраль 2005-жылкы шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколунун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызын канаттандыруудан баш тартылсын, - деди Араван райондук сотунун судьясы Сапар Шакенов.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкер Турсунбай Алимов 47 пайыз, ал эми анын атаандашы Махамаджан Мамасаидов 48 пайыз добуш алган. Турсунбай Алимовдун жактоочулары соттун чечимин кезектеги адилетсиздик катары баалашып, Жогорку сотко кайрылуу менен сотко таасир этиш үчүн Ошко, андан ары Бишкекке жөө жүрүш жасаарын билдиришти:

- Бул жерде шайлоо таза өткөн жок. Сот чечими бизди канаттандырган жок. Биз Жогорку сотко дагы арызданабыз. Бул жерде 10-15 миң шайлоочу турат, - деди Турсунбай Алимовдун ыйгарым укуктуу өкүлү Тажибай Саипов.

Соттун чечими нааразылык чаранын катышуучуларынын арасында толкундоону күчөттү. Бирок жеңилген талапкер Турсунбай Алимов жактоочуларына ыраазылык билдирип, мындан аркы тынчтыкты сакташ үчүн тарап кетишин суранды:

- Шайлообузду жакшы, тынч өткөрдүк. Мындан ары тынч болсун. Мен сиздерге абдан ыраазымын, - деди талапкер Турсунбай Алимов.

Бирок анын тарапкерлери шайлоодо жеңип чыкты деп табылган Махамаджан Мамасаидовдун эл алдына чыгышын талап кылышып, анын келишин бир топко чейин күтүштү. Бирок Мамасаидов Араванда жок болгондугуна байланыштуу митингге келе алган жок.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев үч күнгө созулган нааразылык чараларынын учурунда бир дагы тартип бузуу катталбагандыгын билдирди.

РОЗА ОТУНБАЕВА: “МЕН КОРКПОЙМ”

3-март күнү таңга маал белгилүү саясатчы, экс-министр Роза Отунбаеванын Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндөгү үйүнүн балконунда кимдир бирөөлөр тарабынан жардыруу болуп, терезеси талкаланган. Оппозициячыл саясатчылар бул иш бийлик тарабынан уюштурулган деген пикирлерин ортого салышууда. Ал эми президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев бул окуя оппозиция тарабынан атайын жасалган чагым деп билдирди.

Кыргызстанда сөз эркиндигин коргоо боюнча атуулдук форумда экс - министр Роза Отунбаева күтүүсүз билдирүү жасады:

- Бүгүн таңкы саат 5 терде менин үйүмдүн балконунда кимдир бирөөлөр тарабынан граната жардырылды. Анын кесепетинен жеке эле менин үйүм эмес башка квартиралардын да терезесинин айнектери сынды. Бул менин саясий ишмердүүлүгүмдү токтотууга жасалган аракеттер. Бирок мен мындай коркутуулардан коркпойм.

Роза Отунбаеванын айтымында, өз квартирасы алты айдан бери ремонт болуп жатканына байланыштуу үй бүлөсү менен апасынын үйүндө убактылуу жашап жатышкан. Окуя болгон маалда үйдө киши жок болгондуктан жабыркагандар болгон эмес. Отунбаева мындай ыпылас иш бийликтин гана колунан келиши мүмкүн деген пикирин билдирди.

Атуулдук форумга катышкан президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев окуянын чоо-жайын Роза Отунбаевадан уккандан кийин «Азаттыктын» кабарчысына мындай пикирин билдирди:

- Отунбаева өзүнүн билдирүүсүндө бомба, граната жардырылды деп айтты. Эми бул болбогон иш, атайын өздөрү жасап аткан чагым. Эптеп эле өзүнүн атын чыгарып, же болбосо элди чыр-чатакка алып барып, кагылыштырыш үчүн жасалган билдирүү.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Нурдин Жангараев Роза Отунбаеванын үйүн жардыруу боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлө баштаганын билдирди:

- Бүгүн эртең менен саат 7 ден 50 минута өткөндө борборубуздагы 1-май райондук ички иштер бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда таңга маал беште Токтогул көчөсүндөгү 92- үйдүн 16-квартирасында белгисиз жардыруучу зат жарылды деген кабар келип түшкөн. Квартира Роза Отунбаевага таандык экен. Ал жерге милиция жана башка тийиштүү кызматтардын адистери барышты. Учурда бул тууралуу кылмыш иши козголуп, оперативдүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Экс-министр Роза Отунбаеванын айтымында, бийлик ал жашаган үйдүн дубалына белгисиз адамдар аркылуу доллардын сүрөтүн тарттырып, психологиялык жактан жана күч колдонуу аракеттери менен оппозицияны коркутуу аракетин жасап жатат:

- Биздин даңктуу бийлик мен жашаган үйдүн дубалына доллар тарттырee менен каралоо аракетин көрүп жатат. Булар оппозицияга жасаган опосуз жосуну. Биздин мамлекетте демократия коркунучта экенин айткым келет. Бирок биз аны жок кылууга жол бербейбиз.

“БЕТМЕ-БЕТТЕ”: ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ЖАНА АКСЫ, КОЧКОР РАЙОНУНДАГЫ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨР

Кыяс Молдокасымов, Бишкек

Кадырлуу угармандар! Парламенттик шайлоонун алгачкы туру аяктады, ал эми экинчи айлампасы 13-мартта болот. Бул жолку шайлоонун жүрүшү жана алгачкы жыйынтыктары саясат таануучулардын иликтөөлөрүнө алына баштады. Алардын берген баасында парламент бир өңчөй байлардан куралышы базар экономикасынын учурунда анчалык деле жат көрүнүш эмес, ошол эле учурда интеллектуалдык деңгээли жогору бирок каражаты жок жарандар депутат болбой калышына көңүл кош кароого болбойт. Мына ушул жана башка маселелер бүгүнкү “Бетме-бетте” талкууга алынат.

ПАРЛАМЕНТТИК РЕСПУБЛИКА КЫЯЛЫ, БОРБОР АЗИЯ КОШУУНУ ЖАНА ДЕМОКРАТИЯ ДЕМИ

Өлкөдө парламенттик шайлоолор кандай өттү жана мамлекет башчы Аскар Акаев президенттик мөөнөтүн узартабы? Бул тууралуу макала 2-мартта жарыкка чыккан «Аргументы и факты Кыргызстан» гезитинде жарык көрдү. Мындан сырткары шайлоо темасындагы макалаларга «Заман Кыргызстан» жана «Вечерний Бишкек» басылмалары орун берди.

Өлкөдө парламенттик шайлоонун биринчи туру аяктады. Бүгүнкү гезиттердин көпчүлүгү негизинен шайлоонун жүрүшү тууралуу жазууда.

2-мартта жарыкка чыккан «Аргументы и факты» гезитинде «Кыргызстан парламенттик республика болобу?» деген ат менен макала орун алды. Макалада мамлекет башчы Аскар Акаевдин парламенттик шайлоого баа бергени жөнүндө айтылат.

Ошондой эле «президенттик мөөнөттү узартуу максатында Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө кандай көз караштасыз?» деген суроого президент, «бул маалыматты оппозиция жана эл аралык адистер кеңири таркатып жатышат, бирок, мен-президент катары Конституцияга өзүмдүн президенттик мөөнөтүмдү узартууга эч кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү оюмда да жок болчу, бул оппозициянын демилгеси» деп гезитке билдирген.

Шайлоо темасындагы макалага 2-мартта чыккан «Вечерний Бишкек» гезити орун берди. Макалага ылайык, эл аралык байкоочулардын Кыргызстандагы парламенттик шайлоолордун экинчи туруна кызыгуусу мындан да көп болмокчу.

Анда Тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун ЕККУ эл аралык миссиясынын шайлоо процессине баа беришине тийиштүү билдирүү жасаганы тууралуу сөз болду. Гезиттин маалыматына ылайык, ТИМ жетекчиси Аскар Айтматов чет элдик эксперттердин жыйынтыктары толук объективдүү, тең салмактуу эмес жана реалдуу кырдаалды анык чагылдырбайт деп билдирген.

Ал эми « Заман Кыргызстан» басылмасы 4-мартта чыга турган кезектеги санында жекшембидеги болуп өткөн шайлоолор, республиканын ичи менен тышындагы экономикалык алака-катыштар жаатындагы материалдарга орун берди.

«Кыргызстан шайлоо алды-кийин пикеттердин өлкөсүнө айланды.Мунун албетте, ар кандай себептери бар деңизчи, бирок мен чынында
досум өзү Кочкордон болсо да, Кочкордогу жол тосорлордон араң өтүп келгенин айтканда, анчалык элес алган эмесмин, кийин Кытай жолу бөгөлүп, миңдеген эл, жүздөгөн машиналар, бир нече бозүй
тигилди дегенди укканда чындап чочуй баштадым» деп жазат «Демократиянын деми» деп аталган макаласында Абдыкерим Муратов.

Андан ары автор « Албетте, жол тосуу демократияга жетүүнүн жакшы жолу эмес, мында көбүнчө өзүбүздүн карапайым эл эле кыйналат, муну көрүп жүрөбүз. Ушинтип коркуп турганда кочкорлуктар башка жолду тандады. Чынында ал жолу кыйла мыйзамдуу эле да, анысы менен алар
демократиянын мектебинен чындап билим ала баштаганыбызды башкаларга үлгү кылып, көрсөтүп берди» дейт да, «Эң кызыгы шайлоого 14 691 киши атайын барып (бул 62,78 пайызды түзөт), баары үчүн каршы добуш берген. Мындай көрүнүш Советтик Кыргызстандын тарыхында да, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында да мурда-кийин болгон эмес...» деп жыйынтыктайт.

«2015-жылы Казакстандын элинин жашоо деңгээли Американыкына барабар болот» деген ат менен макала «Заман Кыргызстан» гезитинин ушул эле санында жарык көрдү.Анда макаланын автору Бурул Бобуева КМШнын аймагында «Борбор Азия кошуунун» түзүлүшү тууралуу сөз кылат. "Эгерде мындан 10 жыл мурда ички дүң продукциянын бир адамга үлүшү 700 долларды түзсө,былтыр ал 2700 долларга жеткен. Бирок боордошторубуз муну менен гана токтоп калбастан 2010-жылга ИДПнын бир адамга үлүшүн 5800 долларга чыгарып, калктын жашоосун Чехия, Венгрия, Польша, Малайзия өлкөлөрүнүн деңгээлине жеткирүүгө умтулууда".

"Ал эми 2015-жылы түз эле АКШныкындай 9000 доллар болорун өкмөт тынбай айтып келет. Дүйнөлүк банктын берген баасы боюнча Казакстан жашоо деңгээли ортодон жогору болуп, өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин катарына кирет. Биздин мугалимдер, врачтар, маданий ишмерлер эмгек акы жогору деп Казакстанга кетип жатканы бардыгыбызга маалым. Эми алардын айлыгы дагы 32%га жогорулайт экен» деп жыйынтыкталат макала.

ТУРСУНБЕК ЧЫНГЫШЕВ: «ЧӨНТӨК ПАРЛАМЕНТ» КЕЛДИ»

Сапар Орозбаков, Бишкек «Ысыккөл» фондусунун аткаруучу директору Турсубек Чынгышев менен маекке назарыңыздарды бурабыз. Өлкөнүн мурдагы премьер-министри жакында болуп өткөн парламенттик шайлоо жана коррупция жөнүндө биздин кабарчыбыз менен ой бөлүшкөн.

- Элдин баары депутат болобуз деп чуркап жүрүшөт. Сиз эмне үчүн депутаттыкка талапкерлигиңизди койгон жоксуз?

- Мага көп жердештерим жана ар кайсы уюмдардан адамдар келишип, кандидатураңды кой деп айтышты. Мен койгон жокмун. Анын эки себеби бар. Биринчиден, депутат болуш үчүн көп каражат керек экен. Мен андай каражат жок. Ошол депутат болобуз дегендер уюштуруу, үгүт иштерин жүргүзүш үчүн 50 миң доллар керек деп айтып жатышты. Кийин ал 100 миң долларга чыгып кетти. Менде андай мүмкүнчүлүк жок. Экинчи себеби болсо – мен эми пайгамбар жашына келдим. 62 ден 63 кө кеттим. Бийликте жакшы эле иштедим. Депутат да болдум. Өкмөттө да иштедим. Жашыбыз келип калгандан кийин мүмкүн болушунча жаштарга жол бериш керек. Келечек жаштардыкы. Кээ бир биздин аксакалдарга окшоп, 80-90го чыкканга чейин мен депутат болчумун деп жулкуна берген туура эмес. Ушул эки эле себеп - башка себеп жок.

- Сиз акчам жок, ошон үчүн депутаттыкка койгон жокмун деп айттыңыз. Айрым адамдар, тескерисинче, сизди бай адам дешет. Эл арасында Чынгышев премьер болуп турганда алтын сатып, «Камекодон» пара алган деген кеп бар. Буга эмне дейсиз?

- Эми эл арасында ар кандай кеп боло берет турбайбы. Анын эч кандай негизи жок. Баягында сен өзүң эле эл Акаев экөөңөрдүн Кумтөрдө үлүшүңөр бар деп айтып жатат дедиң эле. Андай нерсе келишимде болуш керек. Эгерде биздин үлүшүбүз болсо, келишимде Акаевдин үлушү баланча процент, Чынгышевдин үлүшү баланча процент деп жазылышы керек болчу. Андай нерсе жок. Болушу да мүмкүн эмес. Келишимдин баарын республикада да, Канадада бир нече жолу текшерип бекитишкен. Биздин үлүшүбүз болсо, ал оркоюп эле чыгып калмак. Аны каталбайсың да. Ал болбогон иш.Эч кандай негизи жок сөз.

- Турсунбек Чынгышевич, сизди учурунда «Кыргызстанда макоолор менен жалкоолор гана уурдабайт» деп айткан деп жүрүшөт. Чыны менен эле ушул сөздү сиз айттыңыз беле? Айтсаңыз кандай кырдаалда, кандай максат менен айтты элеңиз?

- Бул сөздүн башы мындай болгон. 1992-жылы биз өкмөттө коррупция менен күрөшүш керек экенин түшүнгөнбүз.Ошондуктан биз көп иш-чара иштеп чыкканбыз. Коопсуздук кызматынын жана ички иштер министрлигинин алдында Коррупция менен күрөш башкармылыгы деген эки чоң структура түзгөнбүз. Коррупция боюнча токтом даярдап, өкмөттүн жыйынында караганбыз. Өкмөттүн жыйыны өтүп жатканда, мен элде «биздин Кыргызстанда жалкоолор менен жиндилер гана уурдабайт, каалганын баары уурдап жатат» деген сөз бар экен деп айтканмын. «Элдин бул айтканы түптүз келип эле, өкмөткө тиет экен, башкача айтканда эл бийликте иштеген адамдар өздөрү коррупция менен байланышкан деп түшүнөт экен, ошондуктан биринчи кезекте өкмөт өзү күрөш баштап, иштеш керек» дегенмин. Эртеси эле журналисттер Чынгышев ушунтип айтты деп жазып чыгышты. Мен болсо эл ушунтип айтып жатат деген мааниде айткам. «Биз муну карашыбыз керек, бул биз үчүн уят, алдын ала иш чара көрбөсөк, чын эле ошондой болуп кетиши мүмкүн, биз эң биринчи ушундан башташыбыз керек» деп айткан болчумун. Советтер союзу учурунда коррупцияга катуу мамиле кылышчу эмеспи. Өткөөл мезгил болгондуктан 1991-1992-жылдары бул маселеге көңүл бурулбай, жалгыз эле Кыргызстанда эмес, бүт эле мурунку Советтер союзунун мамлекеттеринде оор абал болгон. Ошондуктан мен бул маселени көтөрүп чыккам. Көпкө чейин «аны мен айткан эмесмин, эл айткан деп эле айткам» деп актанып жүрчү элем. Кийинки убакта туура айткан экенмин деп унчукпай калдым. Анткени ошол кездеги коррупция менен азыркы коррупцияны салыштырууга болбойт. Ал кезде эч нерсе боло элек болчу.

- Эмнеге салыштырууга болбойт?

- Ал кезде бүгүнкүдөй коррупция жок болчу. Бүгүнкүдөй ичип-жөө, таламай деген жок болчу.

- Коррупцияны жоюш үчүн эмне кылыш керек?

- Коррупцияны жоюш үчүн, марксизм-ленинизмдин классиктери айткандай, тазалыкты сакташ керек деп күрөшүүнүн эч кандай кереги жок. Шыпыргыны алып, шыпырып эле коюш керек. Коррупция менен күрөш ошондой эле. Коррупция болбош үчүн, бийликте тургандан кийин, өзүң уурдаба, жакындарыңа уурдатпа, Бийликтеги адамдар эң башынан баштап аягына чейин уурдабаса, уурдагандар менен катуу күрөшсө, коррупция болбойт. Мамлекетте прокуратура, коопсуздук кызматы, милиция, сот – баары бар. Коррупция менен күрөшүү үчүн бүт мүмкүнчүлүк бар. Биз коррупция эмне экенин түшүнүп, 1992-жылы эле ошол ишти баштаганбыз. Эми бугүнкү күнү - 2005-жылы коррупция менен күрөшүү азыркы бийликтегилердин колунан келбейт. Коррупция менен таза адамдар гана курөшө алат. Коррупция азыр ушунчалык жайылып, зор күчкө айланып кетти. Азыр уурдаба деп, уурдагандарды отургузам десең, өзүндү өлтүрүп кетишет. Көп баштуу ажыдаардай бир башын кессең, анын ордуна сегиз баш чыгып, коррупция менен күрөш кыйын болуп калды. Коррупция бүт бийликтегилердин жана элдин баарына тарап, бузуп кетти. Коррупция менен күрөшүү керек. Бирок ал үчүн президент баш болуп бул маселе боюнча саясатты түп-тамырынан бери өзгөртүш керек. Бул үчүн күч керек. Бул үчүн саясий эрк керек. Албетте, өзүң уурдаба, тегерегиндегилерди да уурдатпа. Анан калгандары менен күрөш.

- Турсунбек Чынгышевич, шайлоо маселесине кайра кайрылып келели. Азыр депутаттардын үчтөн бири, тагыраак айтканда 31 белгилүү болуп калды. Жаңы парламент кандай парламент болушу мүмкүн?

- Мен бул сурооңо түз эле жооп берейин. Мен "Алга, Кыргызстан" менен "Адилет" партияларын куттуктайм. Бийликтин партиялары жеңди. Экинчи тур эки жумадан кийин болот. Ким жеңип, ким экинчи турга чыкканын көрсөк, баары түшүнүктүү. Ошол бийликтин эки партиясы жеңди. Кандай жол менен жеңди? Бул экинчи маселе. Жакшы болобу, жаман болобу – бул үчунчү маселе.

- Ошол жакшы болобу, жаман болобу деген мааниде сурап жатам. Сиздин оюңуз кандай?

- Менин оюм мындай. Азыркы депутаттардын жана экинчи турга чыккандардын көпчүлүгү бизнесте иштеген бай кишилер. Бизнесте иштеген киши эч качан принципиалдуу, эл үчүн күйгөн таза депутат боло албайт. Жүз процент баары ошондой деп айтуудан алысмын. Бирок негизинен ошондой. Депутат деген бийликтин бир тармагы. Булар жакшы мыйзам чыгарып, аткаруучу бийлик менен кармашып-күрөшүп, элдин таламын талашып турушу керек. Эгерде бийлик туура эмес кылып жатса, туура эмес экономикалык же социалдык саясат жүргүзүп жатса, депутаттар аны менен күрөшүшү керек. Булар - байлык менен депутат болгондор, чоң бизнеси бар депутаттар антип күрөшө алышпайт. Себеби оозун ачып, катуу кыйкырып чыкса эле, эртеси эле салык инспекциядан текшерүү келет. Буга өткөн депутаттардын мисалдары толтура. Ошон үчүн булар кыңк этпей отуруп беришет. Бийлик эмне десе, ошону колдоп беришет. Кээ бирөө бай , бинесмен депутат болгон жакшы деп айтат экен. Жок, эң жаман. Абдан жаман көрүнүш. Депутаттар кандай адамдар болуш керек? Таза , принципиалдуу өз жаны үчүн корпогон адамдар болуш керек. Ошондой эл үчүн күйгөн, мыйзам чыгарганды билген-түшүнгөн адамдар депутат болсо, жакшы парламент болмок. Аткаруучу бийлиги үчүн да бул жакшы болмок. Жалпы мамлекет үчүн да жакшы болмок. Бирок бул азыркы бийлик, парламентти "чөнтөк парламент" кылып алып, тынч жашагысы келди. Алардын күнүмдүгү үчүн жакшы болгон менен, келечек үчүн, эл үчүн аянычтуу нерсе. Ошону бийликтеги адамдар түшунүшү керек эле. Бийликтеги адамдар парламентке таза, принципиалдуу адамдардын келишине аракет кылышы керек эле. Тилекке каршы, андай болбой калды.

- Шайлоо таза, адилет өттү деп ойлойсузбу?

- Жок, адилеттүү өткөн жок. Көпчүлүгү добуштарды сатып алышты. Албетте, арасында таза иштеп, таза уткан депутаттар да бар. Бирок көпчүлүгү акча менен келишти. Мен айылдарга барып, көп адамдар менен кездештим. Биздин элдин саясий деңгээли ага жете элек экен. Мен «баланча талапкер, акча берип, силерди алдап жатыптыр, берген акчасын алып, бюллетенди көңүлүңө жаккан эле талапкерге салбайсыңбы» десем, «уят эмеспи, акчасын алып алып, анан кантип антебиз, биз бата берип койбодукпу» дешет. Карабайсыңбы, биздин элдин жөнөкөйлүгүн. Президент Акаев деле «талапкерлердин бергенин ала бергиле, жей бергиле дагы, бирок урнага барганда каалаган кандидатка добуш беригиле» деп айтпады беле. Биздин эл андай эмес экен да. Биздин эл уят дейт экен да. Алып алгандан кийин, уялып кимден алса, ошого добуш берип жатышпайбы. Элдин саясий деңгээли ага жете элек экен азыр, тилекке каршы.

- Турсунбек Чынгышевич, шайлоо болгон күнү президент парламенттик болобуз дегендей бир сөз айтты. Буга сиздин пикирңиз.

- Мен аны укпаптырмын. Мен шайлоо убагында анын «конституцияны өзгөрткөнгө каршымын, азыр бизде мыкты конституция , мындан жакшы конституция жок» деп айтканын уктум. Менин оюмча, азыркы биздин конституция президенттин, бийликтин кызыкчылыгын көздөгөн конституция. Чынында биздин конституция ошондой. Ошондуктан мен бул конституцияны өзгөртүп, бийликтин баардык тармактарына өздөрүнө тиешелүү тең укук бериш керек деп ойлойм. Бизде азыр бийликтин баары президентте. Өкмөттө эч нерсе жок. Парламенттин да укугу жок. Сот системасы да бийликтин колунда. Анткени аны президент бекитет. Ал конституцияны Акаев өзгөртпөш керек деп айтып жатат. Өзгөртүш керек! Өзгөрткөндө бийликтин бутактары тең салмактуу болгондой кылып өзгөтүш керек. Эгерде Акаев парламенттик республика кылабыз деп айтса, анда терең маселе жатат. Менин түшүнгөнүмө караганда, президент төртүнчү мөөнөткө президент боло албагандан кийин, конституцияны өзгөртүп, парламенттик республика кылып туруп, кандайдыр бир жолдор менен бийликти колдо кармап калууну максат кылып жатса керек. Бирок президент депутат болгон жок. Парламенттин мүчөсү болбогондон кийин, ал парламенттин төрагасы да боло албайт. Кандайдыр бир башка жолдорун караштырып жатышса керек. Конституция 3-4 жолу өзгөртүлдү, эмне үчүн бул идея ошол убакта келбейт. Бир палатадан турган жакшынакай парламент эле, өзгөртүп эки палаталуу кылып алды. Эми эки палата туура эмес экен деп, бир палата кылып жатат. Эми бир палата туура эмес экен, парламенттик республика кылабыз десе... Президент озү конституция стабилдүү документ болуш керек деп айтты. Мен муну кандай түшүнүш керек экенин билбейм.

КУРМАНБЕК БАКИЕВ: “ШАЙЛОО АДИЛЕТСИЗ ӨТТҮ”

Айданбек Акмат уулу, Бишкеk Кыргызстан элдик кыймылынын лидери Курманбек Бакиев 2-мартта маалымат жыйынын өткөрүп, өзү ат салышкан №25Караүңкүр шайлоо округундагы жана жалпы эле өлкө боюнча шайлоо кампаниясынын жүрүшү боюнча билдирүү жасады. Маалымат жыйынында Курманбек Бакиев 27-февралдагы шайлоого адилетсиз жана акыйкатсыз деп баа берди.

Кыргызстан элдик кыймылынын штабында өткөн маалымат жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттыгына Бишкектен ат салышып, бирок жеңилип калган Николай Байло менен Алевтина Проненко да катышты.

Алгач сөз алган Курманбек Бакиев үгүт кампаниясын жүргүзүү учурунда ага ар тараптан тоскоолдуктар жасалганын жарыялады. Анын айтымында, аны атып салуудан башка бардык айланы жасап, жолуна атайлап көчкүлөрдү түшүрүп, шайлоочуларды коркуткан жерде коркутуп, башка жеринде бир кап ун, 200 сом менен сатып алып жатышты.

Курманбек Бакиев ага каршы жасалып жаткан иштердин артында президенттик шайлоо жатат дейт:

- Мага каршы жасалган иштердин баары күзгө белгиленген президенттик шайлоого барып такалат. Мындан үч жыл мурун Алабука районундагы шайлоочуларым президенттик шайлоого катышасың деп ультиматум коюшкан. Ошондуктан бийлик кандай болбосун парламенттик шайлоодо мени кулатып, парламентке шайлана албаган адам, кантип президенттикке ат салыша алат деп айтып чыгууну көздөөдө.

Кыргызстан элдик кыймылынын лидери президент Акаевди да сындап өттү:

- Биздин президент Акаевдин бүгүнкү айтып жаткан сөздөрү менен жасалып жаткан иштер теңирден тескери. Мен муну Тогузторо районунан кайтып келатып, Кочкордо митинг жасап жаткан Акылбек Жапаровдун жактоочуларына да айттым. Анткени чыныгы абал ушундай.

Курманбек Бакиев парламенттик шайлоо акыйкатсыз жана адилетсиз өттү деп билдирди. Анын айтымында, оппозиция парламентке карай жолдо канчалык тоскоолдуктар болгон сайын ого бетер күчтөнөт.

Бишкек шаарынан ат салышкан талапкер Николай Байло буларга токтолду:

- Кыргызстанда жаңы саясий базар түзүлдү. Анда сатып алуучу талапкер, сатылуучу товар- шайлоочу. Жолугушууларда эмне бере аласың, эмне жасай аласың деген гана маселе турду. Мындай мыйзамсыздык бийликтин маалымат жаатындагы монополиясы менен күчөтүлдү.

Алевтина Проненко жалпы эле шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу маселесин койду. Бул маселени оппозиция өкүлдөрү өзүнчө талкууламак болушту.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев 27-февралда шайлоо ачык жана адилет өткөрүлгөнүн жарыялаган. КМШ байкоочулары да шайлоонун мыйзам бузуусуз өткөнүн билдирген.

Бирок ЕККУ жана бир катар жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар шайлоонун эл аралык демократиялык стандарттарга туура келбегинин алдын ала чыгарган бүтүмүндө жарыялаган.

Курманбек Бакиевдин айтымында, добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар аз болду. Бирок үгүт кампаниясы учурундагы сатып алууларды, коркутуп-үркүтүүлөрдү, тоскоолдуктарды, чектен чыккан административдик кийлигишүүлөрдү эл аралык байкоочулар да толук билбей калышты.

Жакынкы келечектеги иштер тууралуу Курманбек Бакиев буларга токтолду:

- Экинчи турдан кийин биздин кыймыл бардык күчүн топтоп, өз ишин чечкиндүүрөөк жүргүзө баштайт. Мен шайлоо учурунда ушунчалык чоң сабак алдым, эми мени чечкиндүү кадамдарга үндөөнүн кереги жок. Мен биздин кыймылды жана тарапкерлерди жетектеп, активдүү күрөш жүргүзүүгө даярмын.

МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ ШАЙЛООДО КАЛЫС БОЛГОН ЖОК

Парламенттик шайлоо маалында Кыргызстандагы 154 гезит менен 34 электрондук маалымат каражатынын үгүт ишине катышына байкоо салынды. Буга мониторинг жүргүзгөн уюмдар үгүт маалындагы эки жумалык байкоонун алгачкы жыйынтыгын 2-мартта жарыя кылды.

Байкоо ««Парламентке шайлоо» деп аталган долбоордун алкагында, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун көмөгү менен жүргүзүлдү. Аны «Интерньюс-Кыргызстан» жана «Симера-Кыргызстан» аттуу уюмдар ишке ашырды.

Байкоо салуу 31-январда башталып, аны массалык маалымат каражаттары боюнча кесипкөй 30 байкоочу жүргүздү. 2-мартта алардын 31-январдан 20-февралга чейинки байкоосунун жыйынтыгы жарыяланды.

Байкоочулардын эсеби боюнча, эки жума ичинде талапкерлердин үгүт материалдары бардык телеканалдардын жалпы көрсөтүүсүнүн 29%ин, радиоуктуруулардын 36%ин,гезиттердеги материалдардын 22%ин ээледи. Булар үч критерий менен чын,бейтарап жана каралап чагылдыруу деп бааланды. Байкоодо Бишкектеги маалымат каражаттарынын, анын ичинде телевидениеде тигил же бул талапкерди каралоо же мактоо багытындагы материалдардын абдан көп болгондугу аныкталды.

Мындай багыттагы материалдар аналитикалык көрсөтүүлөрдө гана болбостон таптакыр бейтарап болуусу зарыл болгон маалымат программаларында да орун алды.

Долбоордун юристи Ахмат Алагушевдин айтымында, катуу кызыкдар болгон маалымат каражаттары да айкын болду:

- Эң катуу кызыкдар болгондор Улуттук телерадиокомпания,КООРТ жана гезиттердин ичинен «Вечерний Бишкек» болду. Шайлоо Кодексининин 32-беренесинин 5-пунктунда талапкердин сөзүн бөлүүгө же анын сөзүнө түшүндүрмө берүүгө уруксат берилбейт деп жазылган. Андан тышкары Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы кирген топ жакында ушул жобо тууралуу атайын түшүндүрмө чыгарышты. Анда маалымат программаларында талапкерлердин шайлоодогу саясий максаттары талкууга алынбайт деп жазылган. Бирок, көп маалымат каражаттары тигил же бул талапкердин максаты жөнүндө өз алдынча маалымат берип, ушул жобону бузган учурлар көп болду.

Мындан тышкары маалымат каражаттары үгүт иши аяктагандан кийинки учурда талапкерлер тууралуу маалыматтарды берген же оппозициячыл маанайдагы талапкерлерди каралаган материалды берген учурлар байкалды.

Долбоордун координатору Кубан Мамбеталиевдин айтымында,буга кыргыз телевидениеси 26-февралда 22 саат 28 мүнөттөн тарта 22 саат 44 мүнөткө чейин «Кыргыз оппозициясы кесибин өзгөртүүдө» деген видеофильмди көрсөтүшү жакшы далил:

- Анда талапкерлер Бакиев,Жекшеев,Мадумаров, Малиев,Ажыбекова, Бекназаров, Токомбаев,Акун, Малиев, Шерниязов,Байло, Султанов,Текебаев жана Масалиев жөнүндө терс маалыматтар айтылды.Шайлоо Кодексинин 31-беренесининин 1-пунктунда үгүт иштери добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулат деп жазылган.

Кубан Мамбеталиев ушул күнү кечинде КООРТ телеканалы да талапкер Кабай Карабековду каралаган программаны көрсөткөндүгүн билдирип, бул көрсөтүүлөр аттары аталган атуулдардын сотко кайрылуусуна түрткү болорун кабарлады.

Байкоочулардын баамында, эркин маалымат каражаттары Шайлоо Кодексинин үгүт иштерин жүргүзүү талаптарын бузган жок.

-Мен «МСН» жер «Республика» гезити тигил же бул кандидатты келесоо деп атагандыгын көргөн жокмун. Эркин телерадиоканалдардын үгүт иши бүткөндөн кийин үгүттөө материалдарын көрсөтүп, угузганын көргөн жокмун,- дейт Кубан Мамбеталиев.

Шайлоодо үгүт иштерине байланышкан мыйзам бузуулар, анын ичинде маалымат каражаттарын бардык талапкерлердин бирдей деңгээлде пайдаланбагандыгын ЕККУнун адам укуктары жана демократия институттарынын байкоочулары да ырасмий түрдө жарыя кылышкан.

Бирок БШК төрагасы Сулайман Иманбаев ага макул эмес:

-Талапкерлер ээн-эркин чыгып сүйлөп, Кыргызстандын бардык турмушуна байланышкан көз караштарын ачык билдирип жатышты. Аларга эч ким эч кандай чек койгон жок. Демек, талапкерлерге кандайдыр бир чектөө болду жана укуктары басмырланды деген байкоочулардын билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт.

Шайлоо алдында Кыргызстандагы бир катар Интернет- баракчалар иштен чыкты. «Атуулдардын интернет саясатындагы демилгеси» долбоорунун өкүлү Лира Самыкбаеванын айтымында, алардын жабылышына өкмөттүн тиешеси бар деп айтуу эртелик кылат, себеби, Кыргызстандын улуттук «Кабар» агенттиги, "Кыргызинфо" агенттиктеринин баракчалары дагы жабыр тартты:

- Биз буга өкмөттүн кийлигишүүсү болду деп айтууга эртелик кылаарын билдиребиз. Себеби, «Элкат» жана «Азияинфо» аттуу эки ири Интернет провайдердин кызматында оппозициячыл жана укук коргоочу уюмдардын сайттары гана эмес парламенттик шайлоого эч кандай катышы жок тараптардын дагы баракчалары бар болчу.

Лира Самыкбаеванын айтымында, сайтты бузуп жаткандар абдан күчтүү адистер көрүнөт. Анткени ар бир беш мүнөттө дарегин өзгөртүп, «Элкат» жана «Азияинфо» провайдерлеринин эң күчтүү адистерине изин таптырбай жатат. Ушундан улам азыр Бишкекке Канадалык адистердин тобу келип, иликтөөгө киришти.

Кыргызстандагы эки ири провайдер АКШ,Канада жана Европадагы «Журналисттердин укугун коргоо» уюмдарына кайрылып, кg кызматына кирген сайттарды башка серверге которууга көмөктөшүүнү өтүндү.

ШАЙЛООНУН БИРИНЧИ СЫНООСУ: МӨРӨЙ КИМДИКИ?

Өкмөттүк маалымдоо каражаттары парламенттик шайлоонун алгачкы сыноосунда оппозиция ийгиликке жете албай, өкмөтчүл партиялардын мөрөйү үстөм болгонун байма-бай жарыя кылууда. Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен быйылкы бийлик алмашууга таасирин тийгизиши ыктымал делинген бул парламентке бийликке моюн суна бербеген адамдар келди деген да ойлор бар.

Президент А.Акаев бийлик каршылаштары аны кызматтан кетирүүнүн амалдарын жасап, бирок буга чейин бир да ирет жеңишке жетише албай келгенин 27-февралда журналисттер алдында дагы бир ирет эскертип өттү:

- Бул оппозициянын демилгеси. Алар президент Акаевди кызматтан кетире албай убара тартып келишүүдө. Ошондуктан алар америкалык конгресчилердин колу менен президент кызматын жоюп салгысы келишет. Мен ушундай түшүндүм. Биздин Конституцияны эми жалаң гана парламенттик башкарууга ылайыктап өзгөртүү калды. Башка жол жок,- дейт президент А.Акаев.

Он беш жылдан бери бийликте туруп конституциялык үч мөөнөттү аягына чыгарып аткан президент А.Акаев жаңы парламенттин колу менен Конституцияга кезектеги өзгөртүүнү киргизип, бийлик тең салмагын эми Жогорку Кеңешке оодаруу аракетине киришерин оппозиция кыйладан бери эле айтып келатат. Ошондон парламенттик шайлоого бийлик менен оппозиция өзгөчө үмүт артып, депутаттыкка кимдер келери чоң саясий өң-түс алып кетти.

«Жаңы багыт» саясий кыймылынын жетекчиси Муратбек Иманалиевдин пикиринде, бул таймашта оппозиция да, бийлик дагы утушка ээ боло алган жок:

- Менин оюмча, оппозиция деле утулду, бийлик деле утулду. Оппозицияда биримдик жок, талапкерлердин иштери боюнча координация жок болуп калды. Мына, биринчисинен кийин 31 киши депутат болуп калышты, алардын көбү бизнесчилер, ишкерлер. Бул депутаттар бийликке деле моюн бербейт. Бийлик айткандын баарын аткарбайт.

Кыргызстан элдик кыймылынын жетекчиси Курманбек Бакиев бийлик шайлоо атаандаштыгына жыл мурун даярданып, айрым жерлерде эл көңүлүн алууга аянбай каражат жумшаган деген пикирде.

- Кандайдыр бир деңгээлде шайлоо жыйынтыгы бир жыл илгери эле аныкталган. Ага далил болчу фактыга токтоло кетейин. «Атаке баатыр» деген кайрымдуулук фонду түзүлгөн. «Бишкек таймс» гезитинин маалымдашынча, 2004-2005-жылы фонд Кемин менен Чүй районундагы мектептерге 500 миң сом жардам берген. Социалдык колдоого 30 миллион сом бөлгөн. Фондду Айдар Акаев жетектейт. Бир жыл мурун социалдык дем-шык берүү, абийирдүү башкаруучулар маалында кимдин кайсы жерден коюлары аныкталган.

Кыргызстан элдик кыймыл жетекчисинин орунбасары Ишенгүл Болжурова парламент шайлоонун алгачкы сыноосунан оппозиция менен эл жеңишке жетишти деп эсептейт:

- Шайлоонун кийинки сыноосунда 45 орунду талашуу бул эл менен оппозициянын жеңиши деп ойлойм. Оппозиция бул күрөштөн мындан да тажрыйбалуу болуп, биригип экинчи этапка өтүүдө.

Кыргызстандагы парламент шайлоо бул ирет да Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун сынына туш болду. Анын алдында демократия жана адам укугу жаатында Кыргызстанда олуттуу мүчүлүштөр орун алгандыгын АКШ Конгресси атайын белгилеген. Батыштан чыккан сын пикирди илгиртпей кабыл алууга маш кыргыз бийлиги бул ирет каш кайтарып, ага кыйла чычалабыраак мамиле жасады.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАРДЫН АЛТЫН БАЙГЕСИ

Москвада феврал айынын соңунда өткөн инновациялардын жана инвестициялардын эл аралык көргөзмөсүндө кыргызстандык ойлоп табуучуларга 1 алтын жана 2 коло медал ыйгарылып, ойлп табылган жаңы машина менен жабдууларга жогору баа берилген.

Ойлоп табуучулардын башын бириктирген Москва эл аралык көргөзмөсү быйыл бешинчи ирет өткөрүлүп, ага чет өлкөлөрдөн, Шериктеш мамлекеттерден өкүлдөр катышты.

Көргөзмөнү Орусиянын билим жана илим министрлиги, Экономикалык жана соода министрлиги, Эл чарбасынын Бүткүл Орусиялык жетишкендиктер борбору уюштурган.

Кыргызстандын интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентиги тарабынан көргөзмөгө ойлоп табуучулар Самүдүн Абдраимовдун, Геннадий Рогозиндин жана Владимир Даровскихтин инновациялык материалдары коюлду.

Эл аралык адистер кыргызстандык окумуштуулардын жаңылыктарына, жаңы табылгаларына кызыгуу менен мамиле кылып, биргелешип иштөөгө келишимдер түзүлдү.

Кыргызстандын инженердик академиясынын президенти, техника илимдеринин доктору Самүдүн Абдраимовдун «Өзгөрүлмөлүү структуралардын негизинде иштөөчү машиналары» жаңы табылга катары бааланып, эл аралык көргөзмөнүн алтын медалына татыктуу болду.

Эл чарбасына, курулушка, кен иштетүү тармагында жана жол курууда колдонулуучу жаңы типтеги, жеңил жана өндүрүмдүү машиналарды ойлоп тапкан өлкөгө эмгек сиңирген ойлоп табуучу Самүдүн Абдраимов эл аралык көргөзмө тууралуу мындай деди:

- Ал жерде тоо кендерин бургулап иштетүучү, курулушта керектелүүчү, машина куруу өндүрүшүндө, металлургияда, энергетика тармагына жана эл чарбасы үчүн машиналардын жаңы үлгүлөрүн көрсөттүк. Натыйжада алтын, коло медалдардын ээси болдук. Ошондой эле Парижде боло турган Эл аралык көргөзмөгө ырасмий чакыруу алдык. Орусиялык 2-3 корпорациялар биргелешип иштеп, машиналарды чыгарууга сунуш кылышты.

Москва эл аралык көргөзмөсүнө коюлган Самүдүн Абдраимов ойлоп тапкан “МЩ- 100 балкасы” аталган жабдуу үчүн коло медал тапшырылды. Бул машиналардын артыкчылыктары тууралуу Кыргыз инженердик академиясынын окумуштуу катчысы Жанат Норузбаев мындай деди:

- Бул машиналар үчүн эл аралык патент алганбыз. Ошонун негизинде жаңы машиналарды заказ боюнча жасап беребиз. Булардын салмагы бир кыйла жеңил, бирок өндүрүмдүүлүгү жогору. Бир эле механизм көп түрдүү функцияларды аткара алат.


Ал эми Александра Белаеванын “Айыктыруучу касиети бар керамикалык электроконвектор” аттуу иштелмеси үчүн да көргөзмөнүн коло байгеси ыйгарылды.

Кыргызстандык окумуштуулардын жаңы табылгаларына чет өлкөлүк адистер дагы кызыгып, биргелешип иштөөгө сүйлөшүүлөр болгонун Ысыккөл мамлекеттик университетинин докторанты Дөөлөт Аканов белгилейт:

- Орусия, Белорус, Казакстан өлкөлөрдөн биргелешип иштөөгө сунуштар болууда. Европа мамлекеттери дагы ойлоп табууларыбызга кызыгып жатышат. Америкалык ишкерлер кыргыз жергесине адистери менен келип,биздин демилегелерди көрүп, кызматташуу жөнүндө келишим түзүүгө ниет кылууда. Кыргызстанда деле мындай машиналарды чыгарууга мүмкүнчүлүк бар, өкмөт колдоого алып, каражаттан жардам берсе, өзүбүз жасап, чет өлкөлөргө сатсак болоор эле.

АСКАР АЙТМАТОВ: “ЕККУ МИССИЯСЫНЫН БААСЫ КЫРГЫЗСТАНДЫ ЫНАНДЫРГАН ЖОК”

Парламенттик шайлоого байланыштуу Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун берген баасы менен тышкы иштер министрлиги толук макул эмес. Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси ушундай мазмундагы билдирүүнү таратып, ага министр Аскар Айтматов түшүндүрмө берди.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун биринчи айлампасына көз салган эл аралык байкоочу тараптардын бардыгы шайлоонун эртеси өз байкоолорунун алгачкы тыянагын чыгарды. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги булардын ичинен Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Адам укуктары жана демократия боюнча бюросунун байкоолорун толук кубаттаган жок.

Буга байланыштуу өткөн маалымат жыйынында тышкы иштер министри Аскар Айтматов эл аралык уюмдардын демократиялык баалуулуктарды сактоого умтулуусун терең урматтай тургандыгын билдирүү менен төмөнкүдөй пикирин айтты:

- Байкоочулар миссиясынын баасынын жана тыянагынын бардыгында эле тең салмактуулук, калыстык сакталган эмес, шайлоо жараянын жүрүшүнө байланышкан кырдаал толук чагылдырылган жок.

Аскар Айтматов мындай пикирин Эл аралык байкоочулар миссиясынын экс-элчилердин шайлоого катышпай калышына, оппозиция менен бийликтин мамилесине, көз карандысыз Басма үйүнө электр кубатынын берилбей, «Азаттык» радиосунун УКВ толкунунан уктурулбай калышына байланышкан сын-пикирлер боюнча айтты.

ЕККУ миссиясы бир күн мурун уюштурган маалымат жыйынында өз байкоолорун, анын негизинде аткаруу бийлигине сунуштарын жарыялаган.

- Талапкерлерди болор-болбос себептер менен каттоодон чыгарбоого, маалымат каражаттарынын ишине киришпөөгө, оппозиция өкүлдөрүн экстремизмге байланыштырып айыптаган билдирүүлөрдү мындан ары жасабоого чакырабыз, - деген ЕККУнун узак мөөнөттүү байкоочулар миссиясынын башчысы Любомир Копай маалымат жыйынында.

Бирок, Тышкы иштер министрлиги ЕККУнун бул өңүттөгү кескин сын-пикирлерин жактаган жери жок. Министрдин билдиргенине караганда, шайлоо учурунда аткаруу бийлиги оппозицияга чыдамкайлык менен мамиле жасады:

- Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги миссиянын шайлоо өнөктүгүн чагылдырууда маалымат каражаттарына чектөөлөргө жана бейтарап эместиктерге байланышкан кескин тыянагына макул боло албайт. Кыргыз бийлиги шайлоону маалымат менен жабдуу жана анын алдындагы үгүт иштери ачык-айкын болушу үчүн жетиштүү аракет кылды.

Министр ЕККУ миссиясы өз отчетун кыргыз тараптын обьективдүү түшүндүрмөлөрүн эске албай туруп, бир жактуу даярдагандыгына кабатырлануусун билдирди. Анын көз карашында Кыргызстандын «Шайлоо кодекси» эл аралык стандарттарга төп келет, ага жараша парламенттик шайлоонун алгачкы айлампасы мыйзамдуу өттү жана шайлоонун жалпы мүнөзүнө доо кетиргидей мыйзам бузуулар катталган жок.

Ушул эле күнү АКШнын Кыргызстандагы элчилиги ЕККУнун байкоочулар миссиясынын отчетун колдогон билдирүү таратты. Анда элчилик кыргыз өкмөтүн парламенттик шайлоонун биринчи айлампасында кетирилген бардык катачылыктарды 13-мартта өтө турган экинчи айлампада эске алууга чакырган.

ШАЙЛООНУН “ШАЙТАН ОЮНДАРЫ”, ЭЛ АРАЛЫК БАЙКООЧУЛАРДЫН ПИКИРИ ЭКИ АЖЫРЫМ

27-февралда өткөн парламент шайлоонун жыйынтыгы, эл аралык байкоочулардын эки ача бүтүмү, АКШ Конгресси кабыл алган резолюцияга кыргызстандык эксперттердин каяшасы, А.Акаевдин Конституцияны дагы өзгөртүү ниети жоктугуна карата макалалар кыргыз гезиттеринде басымдуулук кылды.

27-февралда добуш берүүгө келген президент А.Акаев журналисттер менен аңгеме –дүкөн курганын шейшембидеги «Эркинтоо» гезити маалымдады.

«Конституциянын жаңы редакциясында мен жеке өзүм, өз ыктыярым менен полномочиелеримдин негизги бөлүгүн парламентке жана өкмөткө өткөрүп бердим. Бүгүн парламент өз алдынча өкмөттүн ар бир мүчөсүн өзү дайындайт. Мамлекеттик органдардын бардык жетекчилери парламенттин макулдугу менен дайындалат», деп билдирген президент А.Акаев.

Гезиттин ырасташынча, президент бийлик мөөнөтүн дагы узартуу максатында Конституцияга өзгөртүү киргизбей тургандыгын ырастады, «бул баягы эле бакырчаак оппозициянын куру дүрмөт дымагы» деп кошумчалайт гезит автору.

Кыргызстандагы парламент шайлоого КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары жогору баа беришкенин кабарлайт ушул эле гезит. Депутаттыкка талапкерлердин жосунсуз аракеттери, алардан ичимдик үмтөткөн шайлоочулар тууралуу Ш.Шүкүров жазган.

«Айыл четиндеги жаңы конуштун тургундары, болгондо да өңчөй аядар «шайлоого баргыла» деген үгүтчүлөрдү, «Үй башына бир бөтөлкө арак берсеңер барабыз» деп талап койгонун угуп, мусулман эмеспизби, «аллабыз» оозубуздан түшүп жака кармадык» деп жазат автор.

Мурдагы 64 депутаттын баарынын жаңы парламентке келиши кыйын деп жазат шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде К.Мамбетов. Шайлоонун биринчи сыноосунан 31 талапкер өттү. Автордун ырасташынча, өлкөнү башкарууга ынтызар оппозиция тобу биринчи сыноодо ийгиликке жетише албады.

Ушул эле пикирди улай журналист А.Шепеленко «Сары дымак» ишке ашпай калды, оппозицияга айла жок «саргыч ыңкылапты» унутууга туура келет. Сары жагоону таштап, күңүрт көз айнекти ыргытуусу зарыл» экендигин жазды. Сары ыңкылапчылар менен аларды алыстан туруп көкүткөндөр күткөнү ишке ашпай калганына ишенип-ишенбей арсар турушат, дейт А.Шепеленко.

Гезитте Конституциянын кийинки өзгөртүүлөрүн даярдоого катышкан эксперттик топтун АКШ Конгрессинин резолюциясына карата билдирүүсү жарыяланган. Эксперттик топ 2003-жылы Кыргызстандын Конституциясы кайрадан жаңыртылып чыкты деген пикирде. Жаңыланган Конституциянын негизинде Кыргызстан президенттик башкаруудан парламенттик-президенттик республикага айланды. Азыркы Кыргызстан Конституциясы демократиялык чен-өлчөмдөргө толук шайкеш келет. Ага ынаныш үчүн Конституцияны окуп чыгуу гана керек, деп белгилейт эксперттик топтун мүчөлөрү.

ЕККУ байкоочулары парламент шайлоого төмөн бааны койду, деп белгилейт «Слово Кыргызстана» гезити.

Президент А.Акаевдин Конституцияны дагы өзгөртүүгө куштар эместигин билдирүүсү Башмыйзам үч ирет оңдолуп-түзөлгөндөн кийин чыгып отурат, деп жазат шейшембидеги «МСН» гезитинде Рина Приживойт. Автордун ырасташынча, президент Конституцияны качан гана өзүнө абсолюттук кол тийбестикти камсыз кылгандан кийин өзгөртпөй тургандыгын билдирди. Анткен менен, А.Акаев анын президенттик мөөнөтүн дагы узартуу жөнүндө элден кол топтоп аткандарды тыйып коюуга жараган жок, дейт макала автору.

Ушу тапта «МСН» гезити тууралуу айрым басылмалар эмнелерди гана жазышкан жок. Кагаз уятты билбейт, ал эч качан кызарбайт, деп жазат Вячеслав Тимирбаев «Өкмөт башчынын өнөгүн улантчулар» деген макаласында.

Журналист Замир Өсөров жаштардын "Кел- Кел" коомдук бирикмеси 28-февралда өткөргөн тынч жыйынга долуланган тажаал аялдар келип чатак салышканын, Бишкек шаар милиция жетекчиси аны кызыгуу менен тамаша кылып көрүп кайтканын жазат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG