Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 07:51

Кыргызстан

ОН БЕШ БОЗГУНДУН ТАГДЫРЫ ДАЛЕ АРСАР

Бакыт Аманбаев, Бишкек Өзбекстандык он беш бозгун дале Оштогу тергөө абагында кармалууда. Баш прокурор Азимбек Бекназаров кыргыз бийлиги бозгундар маселесин жакын арада эл аралык мыйзам чегинде чече тургандыгын 1-сентябрда маалымдады. Коопсуздук кеңешинин буга чейинки жыйынында Азимбек Бекназаров эгерде, кыргыз бийлиги качкындар маселесин мыйзам чегинде чече турган болсо, аларды өз өлкөсүнө өткөрүп берээрин маалымдаган. Баш прокурордун мындай пикири укук коргоочуларды тынчсыздандырууда.

Өзбекстандык бозгундар маселеси дүйнө коомчулугун, анын ичинде Кыргызстандык укук коргоочуларды да тынчсыздантып келет. Кыргыз бийлиги 439 өзбек бозгунун үчүнчү өлкөгө өткөрүп берип, алардын ичинен Анжиян окуясына чейин эле оор кылмыш жасап түрмөгө камалды делинген он беш атуулду тергөө абагында кармоодо. Эл аралык адам укугун коргоочу уюмдар жана укук коргоочулар кыргыз бийлигинен бул атуулдарды үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүүнү талап кылып келишет.

Ал эми Башкы прокурор Азимбек Бекназаров БУУнун Качкындар конвенциясына ылайык, мурда кылмыш жасаган атуулдарды үчүнчү өлкөгө эмес, өз өлкөсүнө кайтарып берүү керектигин бир нече курдай маалымдаган. 1-сентябрда Азимбек Бекназаров качкындар тууралуу мындайча оюн ортого салды:

- Качкындар маселеси Эл аралык конвенциялардын жана мыйзамдын чегинде чечилет. Эч кандай саясий чечим болбойт.

«Азаттыктын» кабарчысынын эгерде эл аралык мыйзамга ылайык чечиле турган болсо, он беш атуул кайрадан Өзбекстанга өткөрүлүп берилеби? - деген суроосуна Баш прокурор мындайча жооп узатты:

- Мыйзам боюнча Өзбекстанга кайтарылып бериле турган болсо, кайтарылып берилет. Эгерде андай болбосо, “качкын” деген макамдын негизинде чечилет. Бирок бүгүнкү күндө бир дагы өлкө качкын макамын бир дагы атуулга бере элек. Ошондуктан биз конвенцияны бузуп, тергөө абагындагы кылмыш кылды деген атуулду белгисиз бир өлкөгө чыгарып бербейбиз.

Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар кыргыз бийлигинин мындай аракетине каршы болушуп, өзбекстандык атуулдарды дароо эле үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүүнү талап кылып келишүүдө:

- БУУнун Качкындар боюнча комиссариятынын чечими менен ошол он беш адамдын он бири качкын макамын алышты. Ошондуктан кыргыз бийлиги аларды бир минут да кармабай үчүнчү өлкөгө өткөрүп бериши керек, -дейт укук коргоочу Турсунбек Акун.

Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимкановдун пикири төмөнкүчө:

- Өзбекстанда авторитардык режим экендиги барыбызга белгилүү. Каримовго ким макул болбой койсо эле аны “киши өлтүрдү” деп камап коюп жаткандыгы да белгилүү. Мен өткөндө Америкага барганда, өзбекстандык оппозиция өкүлү Мухаммед Салик менен сүйлөшкөндө деле ал ушундай пикирин билдирди. Кыргыз бийлиги 439 качкынды бергенден кийин, калганын деле үчүнчү өлкөгө өткөрүп бериши зарыл.

БИРИНЧИ СЕНТЯБРЬ - БИЛИМ КҮНҮ

1-сентябрда өлкөнүн дээрлик бардык мектептеринде билимге чакырган коңгуроо кагылды. Билим күнү мектептерде алгачкы сабактар Атамекенге жана тынчтыкка арналды. Өлкө жетекчилери айрым мектептерде болуп, Мекен, тынчтык сабактарына катышты.

1-сентябрда өлкөнүн 1 млн. 123 миң окуучусу мектеп босогосун аттап, алгачкы Мекен, тынчтык сабактарына катышты. Быйылкы жаңы окуу жылында 97 миң жеткинчек 1- класска кабыл алынып, алгачкы коңгуроонун үнүн угуп, биринчи мугалимдери менен таанышты.

1-сентябрда мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов Бишкектеги 71-мектепке барса, вице- премьер министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова 73-мектептеги билим майрамына катышты. Өлкөнүн билим берүү министринин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулу Бишкектеги улуттук компьютердик гимназияда болду.

14 жылдан бери окуу куралдарын, китептерин чыгаруу үчүн өкмөт каражат бөлбөй, өгөй мамиле кылып келгенин, эми жаңы бийлик бул көйгөйдү чечүүгө аракет кылып жатканын билим берүү министринин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулу мындайча белгиледи:

.- 24- марттагы элдик ыңкылаптан кийин биринчи ирет билим күнү майрамдалып жатат. 14-15 жыл бойу өткөн бийлик билим берүү тармагына ат үстүнөн мамиле кылып келген. Окуу китептери учүн казынадан каражат бөлүнгөн эмес. Чет өлкөлүк уюмдар, ата-энелердин жардамы менен гана айрым окуу куралдары чыккан. Эми билим берүү тармагы чыныгы реформанын алдында турат.

Улуттук компьютердик гимназияга быйыл 90 окуучу биринчи класска кабыл алынганын, мектеп ата-энелердин жардамы менен толук ремонттолуп, окуу жылына даяр экенин гимназиянын директору Турдубек Кубаталиев айтты:

- Өлкө боюнча билимге дилгир 7-класстан 10- класска чейинки таланттуу 110 окуучуну тестирлөө менен жатак мектебибизге кабыл алдык. 1- класска үч класс бөлүп, 90 жеткинчек мектеп босогосун аттады. Мектеп окуу жылына толук даяр.

Мектептерде алгачкы сабак Атамекен жөнүндө болуп, сабак өлкөнүн Гимнин аткаруу менен башталды. Мекен жөнүндө окуучулар өз оюлорун айтышты.

Өлкөнүн мектептеринде окуучулук форма кийүү маселеси да ата-энелерди түйшөлтүп турган учуру. Себеби, айрым мектептер өзгөчөлөнгөн форма кийүү демилгесин көтөрүп чыгышкан. Көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн ар бир баласы үчүн 600-700 сомго форма алуу кыйынга туруп жатканын Мунара Абрдасулова белгиледи:

- Чынында эле ата- энелерге кыйын болууда. Биздин үч бала окуйт. Күйөөм иштебейт. Аларга форма сатып берүү проблема болуп турат.

Билим берүү министрлигинин адистеринин билдиргенине карганда, кыздар ак кофта, кара юбка, балдар үчүн ак көйнөк жана кара шым кийүү сунуш кылынган. Ош, Баткен облустарындагы айрым мектептерде мурдакы совет доорундагыдай мектеп формасын, ак фартук менен күрөң көйнөк кийип журүшөт. Себеби мындай кыздар үчүн форманы базардан 250 сомго тапса болот дешүүдө.

1-сентябрда президент Курманбек Бакиев Кыргыз Улуттук университетинин студенттери, окутуучулары менен жолукту. Өлкө жетекчиси бул жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө учурда өлкөдө 4 миң чамалуу мугалим жетишпестигин, 320 мектеп капиталдык ремонтко муктаждыгын жана бул үчүн 740 млн. сом зарылдыгын белгиледи.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ ФЕЛИКС КУЛОВДУН ӨКМӨТ БАШЧЫЛЫККА ТАЛАПКЕРЛИГИ КАРАЛУУДА

1-сентябрда Жогорку Кеңеш жайкы эс алуудан кийинки алгачкы отурумун баштады. Бул күнү Президент Курманбек Бакиевдин премьер-министрликке Феликс Куловдун талапкерлигин бекитүү жөнүндөгү сунушу адегенде Жогорку Кеңештин мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук, конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин кеңейтилген отурумунда каралды.

Отурумга Феликс Кулов да катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, жаңы өкмөт мүчөлөрүн дайындоодо алардын кесиптик деңгээлине көңүл бурулат жана чоң жоопкерчилик талап кылынат. Феликс Кулов ошондой эле айрым саясатчылардын парламентти таратуу жөнүндөгү пикирлери негизсиз экенин белгиледи.

Аталган комитеттин бул отурумунда Феликс Куловдун өкмөт башчылыкка талапкерлиги комитет мүчөлөрү тарабынан жактырылды. Эми бул маселе ушул эле күнү түштөн кийин Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда каралаары күтүлүүдө

КЫРГЫЗСТАНДА ЭГЕМЕНДИК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

31-августта Кыргызстанда эгемендик күнү белгиленди. Бишкектин Алатоо аянтындагы майрамдык салтанатка президент Курманбек Бакиев, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов, өкмөт мүчөлөрү, борбор калаанын тургундары жана меймандары катышты. Өлкөнүн куралдуу күчтөрү, Бишкектеги мамлекеттик мекемелер менен ири ишканалардын эмгек жамааттары параддан өтүштү.

Алатоо аянтындагы эгемендик күнүнө арналган майрамдык салтанат эртең мененки саат 10до башталды. Майрамдык салтанатты көрүүгө келген көпчүлүк эл аянтка киргизилбей тургандарына, аянтка жалаң эле жогорку кызматтагылар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрү гана киргизилгендигине нааразылыктарын билдирип жатышты.

Аянтка салтанаттык парадды кабыл алууга президент Курманбек Бакиев, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова жана башка өкмөт мүчөлөрү келип турушту.


Майрамдык салтанат аскер парады менен башталып, адегенде өлкөнүн коргоо министринин милдетин аткаруучу генерал Исмаил Исаков өлкө башчысына Кыргызстандын эгемендик күнүнө арналган аскердик парад даяр экендигин билдирип, кыргыз элин эгемендик күнү менен куттуктады:

- Урматтуу мекендештер жана куралдуу күчтөрдүн жоокерлери! 24-марттагы элдик ыңклаптын таасирдүү жеңиши менен, Кыргызстандагы бийлик эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден бир туткасы болгон элге өтүү менен бирге, коомдогу демократиялык жараяндар жаңы багытка негиз алды. Бүгүн эл бийлик үчүн эмес, бийлик эл үчүн деген ураан иш жүзуно ашырылууда. Ошону менен бирге, коррупцияга, паракордукка, жердешчиликке, уруу-урууга бөлүнүүгө каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүлүүдө .

Исмаил Исаков ошону менен бирге жаңы бийлик элдин турумушун иш жүзүндө жакшыртууга, социалдык маселелерди чечүүгө күч-аракетин жумшай баштагандыгын белгилеп, 24-марттагы элдик ыңклаптын тарыхый маанисине токтолду:

- Биздин өлкөнүн эгемендигинин 14-жылдыгын белгилөө менен биз, 24-марттагы элдик ыңклап жана президенттикэркин шайлоо Кыргыз мамлекетинин кайра жаралуусунун жана жаңылануусунун жаңы доорунун башталышын белгилөөчү окуя катары өлкөнүн жаңы тарыхына кирди десек эч жаңылышпайбыз.

Андан соң, өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн, алардын ичинде коргоо, ички иштер, юстиция, өзгөчө кырдаалдар жана экология министрликтеринин, Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрү параддан өттү. Аскер парадынан кийин борбор калаадагы ири ишкана, окуу жайлардын, мамлекеттик мекемелердин эмгек жамааттарынын демонстрациясы өттү.

Майрамдык салтанаттан соң, биз борбордук аянтка келген айрым адамдарга кайрылдык.

Минкуш шаарчасынан келген карыя Акин Молдалиев мындай деди:

- Кыргызстандын келечеги кең болсун, тынччылык болсун, элибизде жамандык болбосун. Жаштарыбыз ыймандуу болсун. Эгин көп болсун. Биздин дөөлөтүбүз дүйнөдөгү эң өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулсун.

Ал эми Кочкордон келген 80 жаштагы Алым уулу Мырзабек буларга токтолду:

- Менин айтаарым, мамалекетибизде кут, элде ынтымак болсун. Биримдик баарын жеңет. Элибизге токчулук, тынччылык каалайм .

Бул күнү Бишкекте тартип коргоо органдарынын кызматкерлери, өрт кызматы жана башка адистештирилген кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты.

Сүрөттү президенттин басма сөз кызматы сунуштады

Азиза Турдуева, Бишкек.

КЫРГЫЗСТАН КАНТИП КАРЫЗГА БАТКАН?

Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард долларга жакындап, мамлекеттин өнүгүүсүнө олуттуу терс таасир тийгизип келатканы белгилүү. Учурда Париж клубунун алкагында карыздарды реструктризациялоо жана жоюу аракеттери жүрүп жатат. Кыргызстандын ар бир киши башына 400 доллардан туура келген бул карызы качан, кантип пайда болду?

Кыргызстандын алгачкы алган насыялары 1990-жылдардын башына туура келет жана аларды алуунун шарты оор, пайдаланылышы күмөндүү болуп, ушул кезге чейин чатагы басылбай келатат. Маселен, 1992-жылы 10-июлда Европа Комиссиясынан 40 миллион доллар насыя медицина жабдыгын, балдар азыгын сатып алууга алынган. Аны чатагы өткөн жылы кайра козголуп, жабылган кылмыш ишин ачууга аракет жасалган. Андан кийин 1993-жылы Түркиядан 75 миллион доллар насыя алынган. Азыркы кезде 180 миллион доллардан ашкан Орусиянын насыясы да 1992-жылы пайда болгон. Алгач анын суммасы 134 миллион доллар болгон жана техникалык кредит деп аталган. Бул мезгилде Кыргызстан Өзбекстан, Түркмөнстан, Пакистан жана Кытайдан насыя алууга жетишкен. Бирок алардын суммасы анчалык көп эмес.

1993-жылы Кыргызстан эл аралык каржылык уюмдар менен байланышууга жетишип, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы, Эл аралык валюта кору, Азия өнүктүрүү банкынан, андан бир жылдан кийин Ислам өнүктүрүү банкы, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан насыяларды ала баштаган. Мамлекет мына ошентип тышкы карызды топтой берген. Бул мезгилде ички карыздын көлөмү да өскөн. Натыйжада жалпысынан мамлекеттин карызы 2 миллиард 40 миллион 791 миң долларга жеткен. Анын ичинен тышкы карыз 1 миллиард 864 миллион, ал эми ички карыз 176 миллион доллардан ашып кеткен. Бул каржы министрлигинин маалыматы.

Тышкы карыздын 60 пайызы, же 1 миллиард 120 миллион доллардан ашууну эл аралык каржы уюмдарынан, 29 пайызы, же 560 миллион доллардын тегерегиндегиси эки тараптуу келишимдер аркылуу алган насыялар. Мындан сырткары менчик тараптар алган насыя 8 пайыз, же 160 миллион доллардын тегерегиндеги сумманы түзөт.

Кыргыз өкмөтү учурда Париж клубунун алкагында мамлекеттик карыздын оорчулугун жеңилдетүү максатында сүйлөшүүлөр жүргүзүүдө. Айрым маалыматарга караганда, бул жерде Түркия менен келишимге жетишүү кыйынчылыкка туш болууда. Муну каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров мындайча белгиледи:

- Түркия менен өзүнчө сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Алар аны «Ак кеме» мейманканасы менен байланыштырып жатышат. Бирок биз, кыргыз өкмөтү бул чарбалык талаш, ал соттук негизде чечилиш керек деген позицияда туруп жатабыз.

Орусиянын күмөндүү насыясы да өлкөнүн чекесине чыккан чыйкан болуп келатканы белгилүү. Күмөндүү делгени, ушундай эле карызын Украина Кыргызстанга да, Орусияга да мойнуна албай койгон. Балтика жээгиндеги бир катар мамлекеттер да Кыргызстанга ошол кезде пайда болгон карызын мойнуна албай келатат. Бирок Кыргызстан 134 миллион долларлык техникалык насыяны мойнуна алып, анын үстөгү өсүп, учурда 184 миллион доллардан ашып баратат. Акылбек Жапаровдун айтымында, бул орус насыясын реструктризациялоо боюнча аракеттер жасалууда:

- Биз 184 миллион доллар карызды реструктризациялоого жетишип жатабыз. Анын шарты Лондон эмес, Эвиамдык деп аталган шарт. Ага ылайык карыздын 49 пайызын кечүүгө болот. Калган бөлүгүн төлөө 33 жылга чейин жүргүзүлөт.

Ал эми жалпы Париж клубунун алкагында жетишиле турган келишим тууралуу Жапаров буларды белгиледи:

- Париж клубунун алкагында азыр эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буйурса 600 миллион доллардын 300 миллион доллары кечилет. 300 миллиону дагы 40 жылга реструктризацияланат, эгерде биз 30-сентябрга чейин ар бир өлкөлөр менен бардык программа, протоколодорду бүтүрүп алсак. Андан сырткары көп тараптуу донорлор деп аталган Азия банкы, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору менен менен карыздарды реструкризациялоого, кечүүгө жакшы шарт алып жатабыз.

Акылбек Жапаровдун айтымында, Кыргызстандын тышкы карызы негизинен 1997-98-жылдарга чейин топтолгон.

МИССИЯ ТЕКШЕРҮҮСҮН БҮТТҮ, ӨКМӨТ ИШКЕ КИРИШТИ

Эки жумадан ашуун убакытка созулган Эларалык валюта корунун Кыргызстандагы миссиясы ишин аяктады. Вашингтондон келген эксперттер жаңы өкмөт мүчөлөрү менен экономикалык көрсөткүчтөрдү кенен-кесир талдоого алып, үч жылдык программанын аткарылышы, салык, бюджет маселелери боюнча пикир алышты.

Т. Саавалайнен бул ирет жаңы өкмөт мүчөлөрү менен Кыргызстандын жарым жылдык экономикалык өнүгүш көрсөткүчтөрүн талдоого алып, эмдиги жыл бюджетинин киреше-чыгашасы кандай болушу керектигин макулдашты. Каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровдун айтканына ынансак, миссия мүчөлөрү 16 күн бою тынымсыз иш үстүндө болушту.

Миссия жетекчиси жакынкы жылдары Кыргызстандын макроэкономикалык көрсөткүчтөрү 5 – 6 пайыз өсүшкө жетерин, азырынча ал 3 пайызды айланчыктап турганын белгилеп, антишке быйыл Кумтөр алтын кенин казып алуу кыйла басаңдай түшкөнү себеп болгонун айтты.

- Эмдиги жылы алтын казып алуу кыйла жогорулайт, өлкө туруктуу экономикалык өнүгүүгө бет алат деп ойлойбуз. Программа боюнча быйыл инфляция деңгээли 4,5% тегерегинде болушу керек. Эмдиги жылдан тарта анын деңгээли дагы төмөндөшү зарыл.

Тапио Саавалайнен ушу тапта Кыргызстандын алтын акча резерви жетиштүү экенин белгиледи. Анын ырасташынча, быйыл салыктан чогултчу акчанын көлөмү улуттук ички дүң продуктка карата 15,5 пайызды түзүп, бул көрсөткүч эмдиги жылы да сакталат.

Эл аралык валюта корунун миссиясы менен кыргыз өкмөтү бул ирет эмдиги жылдан тарта бирдиктүү киреше нарк салыгын 10 пайызга, киреше салыгын 20 пайыздан 10 пайызга түшүрүү чечимине келишти. Кыйладан бери талашты чакырып келген айыл чарба өндүрүшчүлөрүнөн кошумча нарк салыгын алып таштоо аракети бул ирет деле толук жүзөгө ашкан жок. Өкмөт салык жыйноонун ийкем жолун тапкыча ири айыл чарба өндүрүшчүлөрү кошумча нарк салыгын төлөбөй турган болду.

Кыргызстандын Каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровдун айтымында, өкмөт кошумча нарк салыгын арбын жыйноонун амалын көрүүдө.

- Салык инспекциясы менен биргеликте биз биртоп иштерди жүзөгө ашыруу аракетин көрүп жатабыз. Кошумча нарк салыгын төлөөгө милдеттүү ишканаларды тыштан көзөмөлдөө ыкмасын колдонобуз. Мындан тышкары президент буйругу менен президенттик акимчиликтин алдында финансы чалгындоо башкармалыгы түзүлөт. Ал өлкөдөгү акча агымын көзөмөлгө алат, арам акчаларды адалдоого каршы күрөшүп, салык төлөөчүлөрдү байкоого алмакчы.

Жаңы өкмөт айрым салыктардын өлчөмүн азайтканы менен, мурда берешендик менен берилип келген салык жеңилдиктери жоюлат. Жалгыз Бишкектин жанындагы эркин экономикалык аймактан башкасы жоюлуп, айыл чарбасына кирбеген жерлерге делген салык көбөйтүлөт. Кыймылсыз мүлк салыгы киргизилет.

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Улан Сарбанов жакын арада Эсептешүү сактык компанияларына 50 миллион сомго чейин чакан кредит бере алышарын маалымдап, бул элеттиктердин жашоо-турмушун оңдоого олуттуу салым кошорун белгиледи:

- Ушул жылдын декабрь айында Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясын жеке колго сатуу боюнча тендер жарыяланышы мүмкүн.

Өкмөт кошумча нарк салыгын төлөө чегин 2,5 миллион сомго болжоодо. Андан ашканы салыкты төлөөгө милдеттүү. Буга чейин салык чеги 500 миң сом болчу. Салык өлчөмүн азайтуу казынага акча түшүүнү көбөйтөбү же «көмүскө экономика» дагыле коңулдан чыкпай жата береби – аны эмдиги жылкы ЭВК текшерүүсү айгине кылмакчы.

КЫРГЫЗСТАН ГАЗДЫ ЭМИ КАЗАКСТАНДАН АЛМАЙ БОЛДУ

Өзбекстандын Кыргызстанга газ берүүнү токтотуу чечими Бишкекте качкындар маселеси менен байланыштырылууда. Өзбекстан менен чектеш аймактарда жашаган кыргызстандыктардын айырмдары газ маселеси улутаралык мамилелерге залакасын тйигизиши мүмкүн деп эсептешет. Анын аралыгында Казакстан Кыргызстанды газ менен камсыз кылуу чечимин жарыялады. Муну менен кошуна өлкөнүн экономикалык жана саясий экспансиясы күчөшү мүмкүнбү?

Кыргызстан Өзбекстандан жылына 700-800 миллион кубометр газ сатып алып келген. Бир катар талдоочулар Өзбекстан газ картасын Бишкекке саясий кысым көрсөтүү үчүн пайдаланып келген деп ырасташат. Бул жолку чечим да Кыргызстанда саясатка, атап айтканда качкындар маселесине байланыштырылууда.

- Качкындарга байланыштуу деп расмий жазылган жок. Бирок биз себеп ошол Эл еболушу керек деп ойлоп атабыз… 19-июлда келишимге кол койгонбуз, андан кийин белгилүү окуя болуп кетти. Анан алар ошол келишимди каттабай баш тартышты, газды Казакстан аркылуу алгыла деген кат жолдошту, - деди «Кыргызгаз» акционердик коомунун башчысынын орун басары Кубанычбек Жусупов.

Ташкенттик көз карандысыз саясий байкоочу Тошпулат Юлдошев да Өзбек өкмөтүнүн кадамы өзбекстандык 439 качкындын Кыргызстандан Румынияга көчүрүлүшү менен байланыштуу деген ойго кошулат:

- Өзбекстан Кыргызстандан өч алгысы келет өңдөнөт. Болбосо июлда жетишилген макулдашуунун жокко чыгарылышын кандай түшүндүрсө болот. Өзбекстандын кысымына карабай, Кыргызстан өзбек качкындарына Румынияга кетүүгө мүмкүнчүлүк берди. Газдын өчүрүлүшүнүн себеби мына ушундай деп ойлойм.

Ош шаарынын тургуну Ганижон Холматов расмий Ташкенттин көгүлтүр отунду бербөө чечими улутаралык мамилеге терс таасирин тийгизиши ыктымал деп эсептейт:

- Бул экономикалык чечимдин саясий өңүтү жок эмес. Ал эки өлкө, эки эл ортосундагы мамилелерге залакасын тийгизиши мүмкүн. Өзгөчө Ош менен Жалалабадда, газ өткөн Хожабадда. Газ өзбектер менен кыргыздардын достугун чыңдоого салым кошкон фактор болуп келген.

Анын аралыгында Казакстан Кыргызстанды газ менен камсыз кылуу чечими жөнүндө билдирди. Бул үчүн Бишкек Астанага бересе 17,5 миллион долларлык карызынан кутулушу керек. Бирок Казакстандан алынган газ үчүн Кыргызстан кымбатыраак төлөйт.

Казак боордоштордун мындай кадамы достуктун белгисиби? Же Астана жөн гана экономикалык, саясий кызыкчылыкты көздөйбү? Ансыз да Казакстан Кыргызстандын банк секторунда үстмөдүк кылаары белгилүү.

Биздин суроого энергетика боюнча мурдагы вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты Жантөрө Сатыбалдиев мындайча жооп узатты:

- Түштүк Казакстан өзү газды башка мамлекеттен сатып алат. Ал эми бизге берип атканы болсо өздөрүнүн коммерциялык кызыкчылыгы болсо керек. Бул жагынан Кыргызстан дайыма газга келгенде чоң кыйынчылыкка туш болот деп ойлойм. Ошон үчүн Кыргызстан өзүнүн энергетикалык коопсуздугун өз колунда кармашы үчүн ресурстарын өнүктүрүшү керек. Борбор Азияда лидерликти талашып келаткан мамлекеттер белгилүү. Андыктан, мен ойлом, бул жерде саясий экспансия да болуп калышы мүмкүн. Себеби кызыкчылыгы жок болсо эч кандай жардам болбойт.

КӨК БӨРҮ БОЮНЧА ПРЕЗИДЕНТ КУБОГУ ТАЛАСТЫКТАРДА

31-августта Бишкектеги «Аккула» атмайданында Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата өлкөнүн президентинин көкбөрү боюнча кубогунун баш байгеси үчүн таймашуулар жана ат оюндары өткөрүлдү. Ошондой эле бул күнү салт боюнча футболдон эгемендүүлүк кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталмак, бирок белгисиз себептерге байланыштуу финалдык беттешүү 1-сентябрга жылдырылып калды.

Быйыл көк бөрү боюнча президенттин кубогу алтынчы ирет өткөрүлдү. Былтыркы турнирде баш байгени Казакстандын жигиттери утуп кетишкен. Ошондуктан быйыл өлкөдөгү күчтүү командалар, облусттардын чемпиондору сыртта калбасын деген чечим менен республикалык деңгээлде гана болду. Быйылкы Президенттин кубогуна арналган турнирге облусттардын чемпиондору жана Бишкектин 2 командасы катышты. Баткен облусунан гана команда келген жок. Президенттин кубогунун беш күндүк беттешүүлөрүнүн жыйынтыгында Чүй облусунун көп жолку чемпиону ”Рассвет” командасы менен Бишкектин “Аракет” командасы үчүнчү орун үчүн таймашып, оюн бишкектиктердин жеңиши менен аяктаган.

31- августтагы финалдык мөрөй талашууга бардык атаандаштарын жеңген Талас облусунун чемпиону “Ынтымак” командасынын менен Бишкек шаарынын “Бөрүлүү” командасы чыкты. Баш байге үчүн таймашуу курч мүнөздө өтүп 7:1 эсебинде таластык жигиттер жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Аларга Президенттин кубогу менен 150 миң сом акчалай сыйлыкты президенттик администрациянын жетекчиси Үсөн Сыдыков тапшырды. Экинчи орунду ээлеген Бишкектин “Бөрүлүү” командасына 100 миң сом акчалай сыйлыкты биринчи вице- премьер министр Медетбек Керимкулов ыйгарды. Үчүнчү орунду жеңип алган Бишкектин “Аракет” командасы 70 миң сом сыйлыктын ээси болду. Мындан сырткары бардык калган 5 командага да кызыктыруучу акчалай сыйлыктар берилди.

Ар жыл сайын көкбөрү боюнча Президенттин кубогун өлкөнүн жетекчиси жеңүүчүлөргө тапшыруусу салтка айланса, быйылкы турнирге президент Курманбек Бакиевдин келбей койгонун ат оюндарын коюуучу режиссер Эгемберди Чылабаев өкүнүү менен белгиледи:

- Бул деген Президенттин өзүнүн арнайы кубогу - муну өлкө жетекчиси өзү келип тапшыруусу керек эле. Ар жыл сайын президент өзү тапшырып, көкбөрүнүн баркы да көтөрүлүп турчу. Шериктеш өлкөлөрдө улуттук оюндар боюнча Президенттердин кубогуна арналган мелдеш жок. Быйыл Курманбек Бакиевдин финалга келбей коюшу түшүнүксүз болуп калды. Өзүнүн да кадыр-баркы жогоруламак. Ушунча элди сыйлап, келип койсо болмок...

Быйылкы турнирде жаңы командалар пайда болгонуна, чеберчилик жогорулап баратканына өлкөнүн Көкбөрү федерациясынын башкы катчысы Темир Дүйшекеев мындайча токтолду:

- Ар жыл сайын Президенттин кубогун өткөрүү салтка айланып баратат. Быйыл өлкөдөгү мыкты командаларыбыз дагы четте калбасын, өлкөдөгү көкбөрүнүн деңгээлин көтөрөлү деген максат менен коңшу өлкөлөрдү чакырган жокпуз. Финалдык таймашуу да өтө курч мүнөздө өттү. Бишкектин “Бөрүлүү” командасы негизги талапкер катары жетилип калды.

Көкбөрүнүн күйөрмандары быйылкы Президенттик кубокко Нарындын белгилүү “Дордой” командасы катышпай калганын өкүнүү менен белгилеп жатышты. Мелдештин жалпы байге фондусу үчүн өкмөт казынадан 800 миң сом каражат бөлдү. 31-августта “Аккула” атмайданында кунан чабыш, жорго салдыруу, аламан байге жана асыл тукум күлүктөрдүн да жарыштары болду. Мында Чолпонатадагы №54 асыл тукум жылкы чарбасынын, Ысыккөл районундагы “Төрөгелди” жылкы чарбасынын, Тоң районундагы “Айкөл” дыйкан чарбасынын, Ысыката, Аламүдүн районундагы дыйкан чарбалардын күлүктөрү марага озуп келишти.

31-августта ар жыл сайын футболдон эгемендүүлүк кубогунун финалдык беттешүүсүн өткөрүү салтка айланган. Быйыл да футбол күйөрмандары бул оюнду күтүп жатышкан. Себеби, финалда баш байге үчүн Нарындын “Дордой” командасы менен Карасуунун “Акалтын” командасы таймашка чыкмак. Финалдык беттешүү 1-сентябрга жылдырылып калганын “Дордой” командасынын экинчи машыктыруучусу Мурат Дүйшөналиев айтты:

- 13 жылдан бери эгемендүүлүк кубогу 31-августта өтчү. Элдик ыңкылаптан көп жакшы нерсени үмүт кылып турсак, тескерисинче жакшы саамалыктарды колдоого албай жатканы өкүндүрөт. “Спартак” стадиону оюн-шоок үчүн бошобой калды деген шылтоо менен кубок 1- сентябрга жылдырылып калды. Стадион оюн-шоок, концерт үчүн курулган эмес. Бул жерде футболдук мелдештер биринчи кезекте өткөрүлүшү керек болчу.

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК ЭМНЕ БЕРДИ?

Бакыт Аманбаев, Бишкек 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн он төрт жылдыгы белгиленет. Бул жылдардын аралыгында өлкөдө кандай жетишкендиктер, кандай мүчүлүштүктөр болду? Дегеле эгемендүүлүк Кыргызстанга эмне берди?

Совет Биримдиги кулагандан кийин Кыргызстан да башка өлкөлөр менен катар саясий эгемендүүлүккө жетишти. Легендарлуу парламент тарабынан 1990-жылы декабарь айында адегенде эгемендүүлүк тууралуу декларация, андан соң 1991-жылы 31-августа көз-карандысыздык тууралуу мамлекеттик мыйзам кабыл алынды. Андан бери он төрт жыл өтүп, Кыргызстан кезектеги эгемендүүлүк майрамын белгилөөдө. Буга байланыштуу коомчулукта он төрт жылдын ичинде Кыргызстан кандай жетишкендиктерге ээ болду же кандай мүчүлүштүктөргө жол берилди? - деген суроо туулат.

Мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн пикиринде, Кыргызстан бул жылдары албан-албан ийгиликтеге жетише алды:

- Саясий-экономикалык, руханий жактан ийгиликтерге жетиштик. Бул он төрт жыл ичинде жүз жылга тете боло турган окуялар, жетишкендиктер болду. Алгач биз саясий көз карандысыздыкка ээ болдук. Ошондой эле биз демократияны түптөп, жарандык коомду өнүктүрдүк. Жалпысынан коомдун демократиялык нук менен өнүгүшүнө негиз түзүлдү, - дейт президенттик администрация башчысынын мурдагы орун басары Болот Жанузаков.

Ошол эле учурда айрым байкоочулар жана саясатчылар мурдагы бийлик өкүлүнүн жогорудагыдай пикирине макул эмес. Эл аралык уюмдардын иликтөөлөрүнө караганда, соңку он беш жыл аралыгында Кыргызстан элдин жашоо деңгээли боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөнкү деңгээлде калып, расмий эмес маалымат боюнча кыргыз элинин сексен пайыздан ашууну жакырчылыкка дуушар болду.

Байкоочулардын баамында, Кыргызстан айыл чарбалуу-индустриалдуу өлкөдөн артта калган айылчарба өлкөсүнө айланды. Мындан сырткары өлкөдө коррупция, кылмыш дүйнөсү гүлдөп өнүгүп, тышкы карыздын өлчөмү эки миллиард доллардан ашты. Ушундан улам айрым саясатчылар Кыргызстан он төрт жыл аралыгында толук эгемендүлүккө ээ болгон жок дешет.

Алардын бири, президенттин алдындагы Адам укугун коргоо боюнча комиссия башчысы Турсунбек Акун төмөнкүдөй пикирде:

- Биз толук эгемендүүлүккө эмес, жарым-жартылай эгемендүүлүккө да жетише элекпиз. Биз Акаевдин доорунда башка өлкөлөрдүн алдында башыбызды чөгөлөтүп, экономикалык жактан көз каранды болуп калдык. Башка өлкөлөрдөн акча сурап, алардын эсебинен оокат кылып калдык. Тагыраак айтканда, батыштын же башка акчалуу өлкөлөрдүн туткунуна айландык.

Ал эми дагы бир укук коргоочу Рамазан Дырылдаев эгемендүүлүктүн он төртүнчү жылдыгынынын башка жылдарга караганда айырмасы бар экенин белгилейт:

- Быйылкы жылдын айрырмасы - кыргыз эли Акаевдин башкаруу режиминин туура эмес экенине түшүнүп, он төртүнчү жылы Акаевди өлкөдөн кууп чыкты. Быйылкы жыл ошонусу менен айрырмаланат.

Рамазан Дырылдаев кыргыз эли дагы деле болсо жыйырма төртүнчү мартта ээ болгон жеңишинен ажырап калуу коркунучу бар экендигин айтып, жакын аранын ичинде Конституциялык реформа жасоо зарылдыгын кошумчалады.

«Эркиндик» партиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев болсо, он төрт жылдын ичинде Кыргызстанда ийгиликтерге караганда, мүчүлүштүктөр көп болгондугун айтып, мындан ары өлкөнү өнүктүрүү үчүн төмөндөгүдөй кадамдады жасоо керектигине токтолду:

- Эң оболу Кыргызстандын өзүнүн кызыкчылыгын коргогон мамлекеттик система түзүш керек. Экинчиден, экономиканын эң бир негиздүү тармактарын кыргыз эли менчиктердин түрү менен өз колуна алышы керек. Үчүнчүдөн, Кыргызстан руханий жактан өзүнүн улуттук маданиятын мамлекеттик деңгээлге көтөрүш керек. Маселен, улуттук тилин.

ЭГЕМЕНДИКТИН 14 ЖЫЛЫ: ОЛЧОЙГОН КАРЫЗ, ООР ТУРМУШ, РЕВОЛЮЦИЯЛЫК УТУРУМДУК КОМИТЕТТЕР

Кыргызстандын эгемендик майрамы алдында чыккан мезгилдүү басылмаларда буга чейин жасалган иштер, мындан аркы аткарылчу милдеттер жайында арбын кеп болот. Мыйзамдык талапка ылайык, президент жаңы өкмөт башчысын парламентке сунушташ керек болчу. Азырынча ал иш жасала элек.

«Өлкөнүн эки тизгин бир чылбырын кармаган адамдын жасаган жакшылыгы да, жамандыгы да желге учуп кетпейт, элдин тарыхында катталат», дейт казак акыны Мухтар Шаханов. Аны менен Чыңгыз Айтматовдун «Аскада калган аңчынын ыйы» сыр ачуу китебининен үзүндүнү 30-августтагы «Кыргыз туусу» гезити жарыялаган.

«Мен билген бийликтин эки жагы бар. Бири - калкына кызмат кыла турган, экинчиси - өзүнө жана тууган-туушкандарына, урук-тукумдарына гана жарыгы тийген бийлик. Алгачкысы жоопкерчиликти терең сезүүдөн, акыйкаттыктан, кийинкиси ички эгоизм менен барксыздыктан жаралат», дейт Чыңгыз Айтматов.

«Курманбек Салиевич мыйзамдуу президент болгонуна эки ай толуп-тололек. Бирок сыйлык, наам таратуу жагынан Акаевдин эки жылдык «планын» аткарып салды. Бул жагынан Курманбек Салиевич Акаев тургай Брежневден да берешен болчудай», деп жазды шейшемби күнкү «Агым» гезитинде А.Токтомушев.

«Ар бир адамдын мойнуна, эмчектеги балдарды кошуп, төрт жүз доллар карызды илип койдук. Кайсы кылымда кыргыз карыздап жашады эле? Бизге аталарыбыз бир сом карыз калтырды беле? Дегеле качан, кайсы доордо, кыргыз балдарын карыз кылып, баланын эсебинен күн көрдү эле, туугандар?», дейт президент К. Бакиев. Анын сөзү 30-августтагы «Аалам» гезитинде жарыяланган.

«Баңгилик, паракорлук, сойкулук, кылмыштуулук, теңсиздик, адилетсиздик, акыйкатсыздык жөө тумандай басты. Улут, Мекен деген улуу түшүнүктөр унутулду. Алардын ордун утурумдук, элге пайдасы жок майда саясат ээледи. Элдин мүлкүн жеп, элди тоногон адатка айланды», дейт Дастан Сарыгулов. Мамкатчынын маегин шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезити жарыялаган.

Марттан кийин жамырап чыккан утурумдук революциялык комитеттердин пайдасынан зыяны көп болду, деп жазат Геннадий Кузьмин «МСН» гезитиндеги макаласында. Жаңы чыкма революционерлер өз жеринде тартип орнотуп, ар ким өз каалаган ишин жасоодо.

Кыргызстандан иш издеп чет өлкөгө чыккан кыз-келиндердин кыйласы айласыз абалга түшүп, денесин сатууга мажбур болгон учурлары аз эмес, деп белгилейт Елена Мешкова «Аргасы түгөнгөндөр» деген макаласында. Кытайда алган акчасын кайтара албай барымтада калгандар көп. Эгер алардын карыз акчасын алып барып бошотуп албаса шору каткандарды кытайлар өмүр бою же жыйырма жылга түрмөгө камап салышат.

Президент кызматка кирип атып ант бергенден кийин эки апта өткөрбөй жаңы өкмөт башчысын парламентке сунушташы керек. Бирок да президенттик акимчиликтин жооптуу кызматкери тийиштүү документти сандыгына салып кетип калганын айтып К. Бакиевдин парламенттеги өкүлү алакан жайгандан башкага жарабады, деп маалымдайт 30-августтагы «Вечерний Бишкек» гезити.

А. Акаев тышкы карыздар боюнча Орусия менен соодалашкандын жолун билчү. К. Бакиев баарына макул, деп жазат Е. Авдеева «Карызды демократия менен жоёбуз» аттуу макаласында.

«Бизди калыптана албаган өлкө деп аташат». Кыргызстандын Индиядагы мурдагы элчиси Бакыт Бешимовдун «Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгындагы маеги ушундай аталат. Элчинин айтымында, Кыргызстанда дурус дегидей башталган демократиялык жаңылануулар токтолуп, А.Акаевдин жеке бийлиги тушунда экономикалык, саясий жагынан олуттуу дегидей өзгөрүү болбой калган.

Жаңы өкмөткө кимдер келет, алардын экономикалык аракети кандай болору тууралуу ушул эле апталыкта кеңири аналитикалык макала жарыяланууда. Азырынча аткаруу бийлигинин башчылары эртеңкисине үмүт артып, ээлеген ордунда калар-калбасын так билбей отурушкан кези.

ӨЗБЕКСТАН КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮНДҮГҮНӨ БЫЙЫЛ ГАЗ БЕРБЕЙТ

Жакында Өзбекстан Кыргызстандын түндүгүнө быйыл газ бербей тургандыгын расмий кабарлап, бирок анын себебин түшүндүргөн жок. Кыргызстан тарап кошуна мамлекеттин мындай чечим кабыл алышын өзбекстандык качкындар менен байланыштырууда. Кыргызстан газ маселесин кантип чечет?

«Кыргызгаз» акционердик коомунун башчысынын орун басары Кубанычбек Жусуповдун маалыматына караганда, «Кыргызгаз» менен «Узтрансгаздын» август айындагы макулдашуусуна ылайык, Өзбекстан 103 миллион кубометр газ берет. Бирок бул өлкөнүн түштүк аймагын жыл этегине чейин жабдууга гана жетет. Ал эми
түндүк аймак үчүн Кыргызстан өзбек газын Казакстандын «Казтрансгаз» ишканасы аркылуу алууга аргасыз болуп калат. Мындай жагдайдын түзүлүшүнө өзбекстандык ишкананын «Кыргызгаз» менен 19-июлда түзгөн келишиминен баш тартышы негиз берди. Мунун себебин кыргыз тарап качкындар менен байланыштырып жатат:

- Алар эми качкындарга байланыштуу деп расмий жазышкан жок. Бирок биз ойлоп атабыз… 19-июлда келишимге кол койгонбуз, андан кийин белгилүү окуя болуп кетти. Анан алар алиги келишимди каттабай калышты, баш тартышты, Казакстан аркылуу алгыла деп айтышты.

Угармандарга белгилүү болгондой, Анжиян окуясында Кыргызстанга баш калка сурап келип, качкын макамын алган өзбекстандыктардын 399у 29-июлдун таңында үчүнчү өлкөгө чыгарылып кеткен. Эки кошуна мамлекеттин газга байланыштуу мамилесинин татаалдашышына бул окуянын сөзсүз байланышы бар деп эсептегендердин бири Жогорку Кеңештин депутаты Тайырбек Сарпашев муну кысым жасоонун бир түрү катары санайт:

- Экономикалык маселелерди алар менен ар учур чечип келгенбиз. Бул жерде бир аз саясат болуп жаткандыктан, алар (Өзбекстан тарап) бир аз кысым көрсөткүлөрү келип жатат.

Депутат Кыргызстанды газсыз элестетүү эч мүмкүн эмес дейт. Бирок экс-депутат, «Ысыккөлинвестбанктын» төрагасы Болот Байкожоевдин пикиринде, кыргыз бийлигинин саясий эрки болсо, Кыргызстанда тиричиликти көгүлтүр отсуз өткөрүүгө экономикалык мүмкүнчүлүк жетишет:

- Бүгүнкү күндө 13 миллиард киловатт электр энергиясын чыгарабыз. Керек болсо 15ке чейин жеткизе алабыз. Электр энергияга өткөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Байкожоевдин пикиринде, электр кубатына толук өтүү менен бирге, жайкысын Өзбекстанга суу берүүнү Кыргызстан токтотушу керек.

Ал эми экс-вице-премьер министр Жоомарт Оторбаевдин көз карашында азыр газсыз жашоо мүмкүн эмес. Анткени, калкты жана ишканаларды электр энергиясы менен толук камсыз кылууга жабдуулардын кубаты жетпейт. Ошондуктан, мындай кызматташтыкты саясатсыз, нукура рыноктун мыйзамдарына ылайык ишке ашыруу шарт:

- Товар алсак, биз төлөшүбүз керек. Мурда да «Кыргызгазга» сындар айтылган. Түз, ачык, конкреттүү иштеш керек. Эгер газга жеке адам же юридикалык ишканалар төлөбөсө, анда аларга газды бербеш керек.

Учурда «Кыргызгаздын» элден 186 миллион сом аласасы бар. Ошол эле учурда аталган ишкана «Казтрансгазга» 17,5 миллон доллар карыз. Бул түндүк аймакты жабдуу үчүн өзбек газын «Казтрансгаз» аркылуу сатып алууга тоскоол болууда. «Кыргызгаз» акционердик коомунун башчысынын орун басары Кубанычбек Жусуповдун айтымында:

- Казак тарап бул карыздан кутулууну өтүнүүдө. Биз аны реструктуризациялоо жолу менен эки жылдык мөөнөттө төлөп берүүнү болжоп жатабыз. Бул маселе сентябрга болжолдонуп жаткан өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунда чечилет.

«Кыргызгаз» акционердик коому бул маселенин оң чечилерине ишенимин билдирди. Бирок газдын наркы Казак тараптын каалоосуна ылайык, Өзбекстан саткан баадан бир долларга кымбат болушу ыктымал. «Узтрансгаз» саткан газдын 1 кубунун наркы 42 доллар турат.

Келерки жыл үчүн газ сатып алуу боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүү ушул жылдын этегинде болору күтүлүүдө. Айрым саясатчылар келерки жыл үчүн газ берүүгө Өзбекстан быйылкыдай каршылык көрсөтпөйт деп болжошот. Маселен, депутат Тайырбек Сарпашевдин пикиринде, Өзбекстан сууга муктаж шартта газды Кыргызстанга сатуудан караманча баш тарта албайт деген ойдо.

Ал эми Жоомарт Оторбаевдин пикиринде, кошуна өлкө саясатсыз, нукура рынок шартында кызматташууну каалабаган соң, Кыргыз тарап Казакстандын өзүнүн газын сатып алуу жаатында негиздүү стратегияны башташы керек. Ал эми Кыргыз өкмөтү газга байланыштуу түзүлгөн кырдаал боюнча өз пикирин айта элек.

ӨЗБЕК ПРОКУРАТУРАСЫНЫН МААЛЫМАТЫ ЧЫНДЫККА КООШПОЙТ

Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Рустам Мырзаматов шаарга жакын Тээке айылында Анжиян окуяларынын катышуучулары аскердик даярдыктан өткөн деген Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын таркаткан маалыматын төгүнгө чыгарды. Айрым жергиликтүү талдоочулар жогорудагыдай маанидеги жалган маалыматтын таркатылышын Өзбек өкмөтүнүн Кыргызстанга карата жакшы эмес мамилесинин жыйынтыгы катары баалашты.

Тээке айылы Ош шаарынан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан, Өзбекстандын Мархамат району менен чектешип турат. Айылдын маңдайында Оштогу аскер жана ички иштер күчтөр машыга турган тилке бар. Ушул жылдын 26-август күнү Өзбекстандын прокуратурасы жогоруда аталган аймакта Анжиян окуяларынын катышуучулары террористтер үч ай бою аскердик даярдыктан өткөн деген маалымат таркаткан эле. Тееке айылынын айрым тургундары мындай маалымат жалган экендигин күбөлөндүрүү менен, анын максаты жакшы эмес деген пикирлерин билдиришти:

- Тээке айылында баарыбыз бир урууданбыз. Бул жерде бири-бирибизди тааныйбыз. Өзбекстандан келгендерди көргөн жерибиз жок, - дейт айыл тургуну Алимбек Байгазиев.

Тээке айылы административдик жактан Ош шаарына караган Жапалак айыл өкмөтүнүн курамында турат. Шаардын баш милициясы Рустам Мырзаматов Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү акыркы убакта Кыргызстан жөнүндө жалган маалымат таркатканды өнөкөткө айландырып алды деген оюн ортого салды:

- Акыркы күндөрү Өзбек Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргызтандын Ош аймагынын Тээке айылында аскердик тилкеде террористтер машыккан деген сөздөр жалган. Алардын оюнда Анжиян окуясына катышкан элдердин көпчүлүгү бул Кыргызстанда даярдалып жаткандар деген сөз. Алар айтып жаткан аскерлерди даярдоо борборун көзөмөлдөгү аймак деп айтып коебуз. Ал жерде аскерлер кайтарышат, эч кандай кишилер кирбей турган жер. Ал жерде окууларды өткөрмөк түрсүн өздөрү да кире албаган жерлер.

Жергиликтүү аскер аналитиги Руслан Байбосунов Өзбекстан бийлиги кошуначылык мамилени сыйлабай келгени аз келгенсип, Кыргызстан жөнүндө жалган маалымат таркатканга аракет кылгандыгы дипломатиялык эрежелерге дагы сыйбайт деген пикирде:

- Полигондо өзүбүз аскердик кафедра учурунда бир топ машыгуулардан өткөнбүз. Ошондуктан бул маалымат боюнча төмөнкүлөрдү айта алам. Бул өзгөчө коргоого алынган кыргыз аскерлери машыгуучу полигон болуп эсептелет. Ошондуктан өзгөчө кайтарууда турат. Ал жерде террористтик күчтөрдүн машыгуусу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Ал жерге жөнөкөй адамдардын басып кирүүсү өтө катуу текшерүүгө алынат. Эгерде кандайдыр бир алыскы тоодо десе бир аз чындыкка жакын болмок. Өзбекстандын башкы прокуратурасы тарабынан жасалган мындай билдирүүсү бул Кыргызстандын эл аралык аброюна, беделине шек келтирүүгө жасалган аракет болуп эсептелет.

Буга чейин бир канча ирет 13-майдагы Анжиян окуяларынын катышуучуларын Өзбек өкмөтү “террористтер” деп атап, алар Кыргызстандын аймагында аскердик даярдыктан өткөн жана аларга чет элдик адистер көрсөтмө берген деген маалыматтарды үзгүлтүксүз таркатып келе жатат. Мына ушундай абалдан улам 70 жаштагы Тээке айылынын тургуну Жамыйла Турду кызы кыргыз-өзбек мамилесинин акыркы учурда татаалдашып бара жаткандыгын эскертти:

- Бизде андай террористтер жок. Өзбекстандыктар жөн эле жаман атты кылбасын. Эми жолдон өтө албай, каттай албай калдык. Өлүм-житимине, тууган-уруктарга бара албай калдык, жолдон коркуп эле.

КАРООСУЗ КАЛГАН БАЛДАР КӨБӨЙҮҮДӨ

Учурда өлкөдө кароосуз калган балдардын саны статистикалык жактан тактала элек. Бишкек шаарында алардын саны болжолдуу бир жарым миңден беш миңге чейин болсо, бейөкмөт уюмдар жалпы өлкө боюнча кароосуз калган балдардын саны 10 миңге жетээрин айтууда.

Бишкектеги кароосуз калган балдарды кабыл алуучу борборлордо учурда 6 жаштан 17 жашка чейин 500дөн ашуун балдар тарбияланашууда. Кароосуз калган балдардын санын статистикалык так айтуу кыйын, дейт вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова:

- Коомубуз калпычы болуп бүтүптүр. Мага кароосуз калган балдардын саны жөнүндө ар кандай маалыматтарды беришет. Айрымдары 1600 бала дешсе, кээ бирөө 3 миңге чукул бала дейт. Ал эми бейөкмөт уюмдар өлкөдө 10 миңге жакын кароосуз калган балдар бар деп айтышууда.

Кароосуз калган балдарды кабыл алуучу борборго базарда соода кылып жүрүшкөн, жашоо шарттары начар үй бүлөлөрдүн балдары тартылышат. Аларды аталган борборлордо медициналык жактан текшерүүгө алып, психологиялык жактан калыбына келтирип, тоголок жетимдерди балдар үйүнө, айрым ата-энеси бар көчө блдарын үйлөрүнө жеткиришет. Айрымдарын мектептерге тартып, борбордо да окутушат. Мисалы, Келечек жаңы конушунда Даниянын жана Голландиянын чиркөө кызматкерлеринин көмөгү менен уюушулган мындай борбордо 5 жаштан 17 жашка чейинки 85 бала тарбияланышат. Алардын көпчүлүгү керели-кечке Дордой базарында соода кылышып, аталган борборго күндүз тамак ичкени келишет. 7 жаштагы Айзат аттуу секелек кыз буларга токтолду:

- Мен дагы базарда каробка, пакет терип иштедим. Терген каробкаларым үчүн 20 сом алам. Аны апама алып барып берем. Бул жерге мени апам алып келген. Бекер тамак берет. Ойнойбуз.

Түшкү тамак ичип, курсагын кампайткан балдар кайрадан Дордой базарына барышып каробка, пакет, стакан чоуглтушуп, ар кандай жумуштарды иштешет экен.

Балдарды коргоо уюмунун социалдык кызматери Фатима Алаярованын айтымында, ички миграциянын кесепетинен Бишкекте кароосуз калган балдардын саны өсүүдө:

- Бул жерге алып келинген балдардын ата-энелеринин турмуш шарттары абдан начар. Ички миграциянын кесепетинен Ош, Жалалабад, Баткен облустарынан жумуш издеп келген үй бүлөлөр. Үй- жайы жок, батирде турган адамдар. Албетте ата-энелер менен да иш алып баруудабыз. Балдарын оор жумуштарга салбоону, убактысы менен тамактандырып, медициналык кароодон өткөрүп турууну айтып түшүндүрөбүз. Бирок айрым ата-энелер балдарына көңүл бурбайт.

Фатима Алаярованын айтымында, айрым балдардын атасы же апасы кылмыш жообуна тартылып, абакка камалып кетип, балдары кароосуз калган. Алардын жакын тууган-туушкандарын таап, тууганынын баласына кам көрүү өтүнүчү менен кайрылганда, мындай сунушка бардыгы эле макул боло бербейт.

Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборлорунун учурдагы абалы менен жеринде таанышып жүргөн вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова буларга токтолду:

- Миллондогон акчаларды жеп-ичкен коррупционерлер жоопко тартылбай сайрандап, эркин жүрүшөт. Ал эми турмуш шартынын начардыгынан бир тоок же бир киллограм ун уурдаган адам беш жылга эркинен ажыратылып, балдары моминтип тирүүлөй жетим калып отурат. Бул маселени карашыбыз керек.

Ишенгүл Болжурова кароосуз калган балдардын кылмыш жообуна тартылган ата-энесинин кылмыш ишин кайрадан карап чыгууну, эгер жеңил кылмыш кылгандар болсо эркиндикке чыгарууну Ички иштер министрлигинин өкүлүнө тапшырды.

Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборуна балдарын тоскоолдуксуз өткөрө албаган, шарты начар ата-энелер да бар экен. Алардын бири Айсалкын Кожомкулова Казакстандын Чилик деген жеринде тамекиде иштеп, эмгек акысын ала албай, 12 жаштагы кызы каза болгондо, 9 жаштагы уулун алып, качып келиптир. Алардын туулгандыгы тууралуу документтери Казакстанда калыптыр. Кожомкулова бир жылдан бери Билим берүү министрлигине, Башкы прокуратурага, Бишкек мэриясына кайрылып эч бир майнап чыкпаганын билдирди:

- Чиликте кызым каза болуп калганда уулумду алып эптеп качып келдим. Бир жылга чукулдап калды, баламды багууга кудуретим жетпей калганда кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборлоруна кабыл алуусун өтүнүп мэрияга, Билим берүү министрлигине кайрылдым, документиңер жок деп шылтоо кылышты. Документибиз Казаксатанда калган. Башкы прокуратурага кайрылсам алар кайра мени кемсинтишип, жаман көздөрү менен карашат. Уулум 9 жашка чыкты, окуй элек. Өзү теңдүү балдарды көрүп, “мен дагы окуйм” деп ыйлайт.

Айсалкын Кожомкулованын арыз-арманын уккан Ишенгүл Болжурова жеринде маселени чечип, 9 жаштагы уулун кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборуна кабыл алдырды.
Ал эми 14 жаштагы Гүлзат аттуу секелек кыз ата-энелерди мамлекет жумуш менен камсыз кылса, кароосуз калган балдар болбойт эле деген балалык байоо сезимин билдирди:

- Ата энелерге өкмөт жумуш таап берип, жакшы маяна төлөсө биз базарга барып иштебейт элек. Окуу менен алек болуп, кышында базарда үшүбөйт элек. Атам, апам иштеп жакшы акча алышса, орто турмушта жашамакбыз.

Айрым бейөкмөт уюмдардын жетекчилеринин билдиргенине караганда, «Жаңы муун» мамлекеттик программасы кароосуз калган балдардын проблемаларын чечүүгө багытталганы менен аларды толук камсыздоого мүмкүнчүлүгү жетпей келүүдө. ПРООН, ЮНИСЕФ, Кызыл Чырым коому, «Эври-Чайлд» жана башка чет өлкөлүк уюмдар Кыргызстандагы кароосуз калган балдардын көйгөйлөрүн чечүү максатында көлөмдүү суммадагы акча каражаттарын сарпташууда.

КЫРГЫЗ КҮЛҮКТӨРҮ АЛЫСКА ЧУРКАЙТ

Мындан он жыл мурда, “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесине карата Ашхабаддан Таласка чейин Супер марафондук ат чабыш өткөрүлүп, Кыргызстандын күлүктөрүн дүйнө коомчулугу байкап турушкан. Мындай алыс аралыкка ат чабыш дүйнө жүзүндө мурда болгон эмес, дешет адистер. Бул демилгени белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев көтөрүп чыгып, ишке ашырган. Андан кийин дагы Ысыккөлдү айлантып ат чабыш уюштурууну көздөгөн. Бирок демилге кийин колдоого алынбай калган.

Алгач Стамбулдан Бишкекке чейин көп күндүк супер ат чабыш уюштуруу демилгесин белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев көтөрүп чыккан. Бирок аттарды ветерниардык текшерүүдөн өткөрүү, карантин маселеси мындай идеянын ишке ашуусуна тоскоол болгон. Ушундан улам демилгечилер башка вариантка токтолуп, «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата алыстыгы 1000 милл. башкача айтканда 1609 чакырым аралыкка ат чабуу Ашхабад шаарынан башталган. Чабандесттер Борбор Азия өлкөлөрүн аралап, Бишкекке чейин келип, ат чабыш Таластан аяктамак болгон. Мындай демилгени айрым саяпкерлер жомок катары кабыл алышып, ишке ашпайт дешип, күлүктөрүн кошуудан кооптонуп коюшкан. Себеби, дүйнө жүзүндө мындай алыска ат чабуу мурда болгон эмес. Эң алыс деп 120 чакырым аралыкка 3-4 этап менен бир күндүк жарышка араб жылкылары чабылып жүрөт.

«Манас» эпосунун 1000 жылдыгына Супер марафондук ат чабышты уюштурган учурдагы президенттин кеңешчиси Болот Шамшиев мындай дейт:

- Мындай ат чабыштын ишке ашаарына эч ким ишенген эмес. Түркмөндөр да, өзбекстандыктар жана Казакстандын бийлиги бул марафонго шарт түзүп, майрамдык маанай тартуулаган. Ал түгүл казактар тик учак менен да камсыз кылган. Кыргызстандын чек арасына келсек, бизди күтүп алган бир да жан болбоду. Абдан нааразы болдук. Бир ай бойу ат чабыш улантылып, талаа-түздө жүрдүк. Супер ат чабышка 20 ат катышкан. 50 миң долларды байге катары бөлүп бергенбиз. Өкмөт бизге бир тыйын да каражат берген эмес. Марафон менин жеке каражатыма уюштурулган. Учурунда бирөө да рахмат айтып койгон эмес.

“Манас” эпосунун 1000 жылдыгына арналган ошол ат чабышта Нарын районунун Эмгекчил айылынын саяпкери Оңолбек Мамытовдун Жарыктөш аттуу күлүгү марага озуп келип, баш байгени утуп алган.

Мындай марафондук алыс аралыктагы ат чабышка кыргыз тукумундагы гана жылкы чыдай турганын ошол Супер ат чабыштын уюштуруучуларынын бири, Кыргызстандын туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин спорт башкармасынын башкы адиси Темир Дүйшекеев айтып, ушундай ат чабыштарды дагы өткөрүүнүн зарылдыгын белгиледи:

- Супер ат чабышка кошулган араб, ахалтекин жылкылары биринчи күнү эле жүрбөй, жарыштан чыгып калышкан. Кыргыз жылкыларынын чыдамкайлыгын, алыс аралыкка чуркай алаарын, ташыркабай турганын далилдей алганбыз. Ошондо теле, радио кабарчылар бул марафонду тартып алышканда дүйнөгө белгилүү болмок. Тилекке каршы, бул ат чабышка өкмөттүк деңгээлде маани беришкен эмес. Ал түгүл, Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебине да катталбай, кирбей калганы абдан өкүндүрөт.

1995- жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына арналган ат оюндарынын калысы болгон Эсенбай Орозобеков 2003- жылы Ысыккөлдү айлантып, 6 күндүк ат чабыш болгонун, демилгени колдоонун зарылдыгын айтты:

- Мурда Кыргызстанда абдан мыкты саяпкерлер бар эле. Азыркы жаштар акчага, байгеге коюлган автомашинага кызыгышып, атты өлөөр-тирилээрине карабай чабышат. Чыкса чыкты,чыкпаса өлдү дей бер. Анан кыска аралыкка чуркап жүргөн күлүктөр алыс аралыкка чыдай албайт. Бир гана жаңы кыргыз тукумундагы күлүктөр гана алыс аралыкка чуркай алат. Аттардын асыл тукумдуулугу да бузулууда. Кыргызстандыгы асыл тукум жылкы чарбалардын дээрлик бары жоюлуп ,мыкты кыргыз күлүктөрүнүн да тукуму үзүлүп баратат.

Жаңы кыргыз тукумундагы жылкынын артыкчылыктарын баамдаган франциялык Жаклина Рипард айым быйыл Барскоон - Каракол ат чабышын 7-ноябрдан 9-ноябрга чейин уюштурганы камылга көрүп жатат. Бул ат чабышка кыргыз тукумундагы гана жылкылар катышмакчы. Жаңы кыргыз тукумундагы жылкы чарбасын өнүктүрүүгө кыргызстандык ишкерлер эмес, Франциядан келген Жаклина Рипард айым көмөк көрсөтүүгө дилгир болуп жатканын адистер айтышууда.

КЫРГЫЗСТАН-ОРУСИЯ МАМИЛЕЛЕРИ МЫНДАН АРЫ КАНДАЙ ӨНҮГӨТ?

Сентябрь айынын башына президент Курманбек Бакиевдин Москвага жумуш сапары даярдалууда. Анда эң биринчиден экономикалык маселелер каралаары болжолдонуп жатат.

Маалым болгондой, президент Курманбек Бакиевдин Америка Кошмо Штаттарына сапары октябрь айына белгиленүүдө. Анын алдында кыргыз тарап Москвага барып, негизги өнөктөшү Орусия экенин белгилеп коюуну эп көрүүдө. Муну Кыргызстандын атын атагысы келбеген дипломаты да мойнуна алууда.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Болот Мукашев Москвада карала турган маселелер тууралуу буларды билдирди:

- Эң биринчи экономикалык долбоорлор каралат. Биз көп долбоорлорду сунуштап жатабыз. Анткени Орусия менен байланыштарыбыз көп.Ошол долбоорлор, жардам алуу, гуманитардык аспектер боюнча да маселелерди көтөрөбүз деп турабыз. Дагы бир маселе - бул эмгек миграциясы. Кыргыз мигранттарына «жумшак» документтерди кабыл алуу боюнча сунуштарыбыз бар.

Болот Мукашевдин айтымында, Москвада Кыргызстандын Орусияга болгон 180 миллион долларлык карызын төлөө маселеси да козголот.

«Кыргызстан» коомдук-саясий кыймылынын аткаруу комитетинин төрагасы Алишер Абдымомуновдун пикиринде, Орусия акыркы кезде Африка жана араб өлкөлөрүнүн миллиарддаган доллар карызын кечип салууда. Бирок стратегиялык өнөктөшү Кыргызстанга андай мамиле жасаган жок:

- Бул карыз 136 миллион доллар болчу, эми 180 миллион долларга жетип калды. Ал Советтер Союзу учурунда Кыргызстанга илинип калган карыз. Орус саясатчылары мына ошол 180 миллионго Кыргызстандын жарымынан көбүн сатып алабыз, же чөгөлөтүп алабыз деген максат менен жүрүшөт.

Алишер Абдымомуновдун айтымында, кыргыз тарап бул карызды кечүү маселесин койсо туура болот.

Маалым болгондой, орус тарап Канттагы аба майданын кеңейтүүгө аракеттенүүдө. Ага уруксат берүүдөн мурда кыргыз мигранттарынын шартын жеңилдетүү маселеси коюлушу керекпи? - деген суроого Абдымомунов минтип жооп берди:

- Эгерде Канттагы база аларга керек болсо, анда алар Кыргызстанга да жагымдуу шарттарды түзүш керек. Ошол эле карыз, мигранттар боюнча. Биз түзгөн төрт келишимди Орусия ратификациялап, биздин атуулдардын каттоосун жеңилдетип берсе, ошондо Кантты кеңейтсе кеңейтсин. Бирок эки мамлекет тең пайда көрө турган болуш керек.

Орусия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Өткөн жылы эки мамлекеттин соодасынын көлөмү 400 миллион долларга жеткен. Ал эми быйылкы жылдын алты айында өткөн жылга салыштырмалуу эки тараптуу сооданын көлөмү өстү дейт Экономика, өнөр жай жана тышкы соода министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Татьяна Рец:

- Кыргызстан менен Орусиянын соодасы алты айда 14% өсүп, 200 миллион доллардан ашты. Албетте, бул соодада Кыргызстандын экспортунун көлөмү төмөн.

Кыргызстандын каржы министрлигинин делегациясынын Москвага сапары учурунда тышкы карыз маселеси талкууланган. Карыз ордуна кыргыз тарап бир катар ишканалардын акцияларын сунуштаган. Бирок орус тараптан ал сунуштарга ушул кезге чейин эч кандай кызыгуу көрсөтүлгөн жок, дейт Татьяга Рец.

Талдоочулардын пикиринде, кыргыз-орус жетекчилигинин ортосундагы негизги маселелердин бири “Манаста” жайгашкан АКШ аскерий базасын чыгаруу мөөнөтүн тактоо болушу ыктымал. Москва анын чыгарылышы керектигин ар кандай жолдор менен эскертип келатат. Ал эми Кошмо Штаттар тескерисинче көбүрөөк мөөнөткө калууга кызыкдарлыгын жашырган жери жок. Ошондуктан сентябрь айына Москвага, октябрь айына Вашингтонго белгиленген сапар алдында бул маселе кыргыз жетекчилигинин баш оорутмасы болушу мүмкүн.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ КАРАЛЧУ МАСЕЛЕ АРБЫН

Азиза Турдуева, Бишкек 1-сентябрда Жогорку Кеңеш ишке киришет. Анын күн тартибинде өкмөттүн курамынан сырткары бир катар маселелердин каралышы күтүлүүдө. Алардын ичинде калкты таза суу менен камсыз кылуу, жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккендерге жардам көрсөтүү, паспорт, кышка даярдыктарга байланыштуу жана башка маселелер бар.

Жогорку Кеңештин сентябрда баштала турган сессиясында адегенде өлкөнүн премьер-министри бекитилип, өкмөт жөнүндөгү мыйзам кабыл алынгандан кийин, өкмөттүн курамына сунушталган талапкерлерди бекитүү маселеси каралат.

Депуттардын айтымында, президенттин сунушу боюнча премьер-министрликке Феликс Куловдун талапкерлигин бекитүүнү депутаттардын басымдуу бөлүгү колдоору күтүлүүдө. Буга байланыштуу депутат Кубатбек Байболов мындай дейт:

- Президенттик шайлоонун алдында түзүлгөн Макулдашуу боюнча Феликс Кулов премьер-министр болуп дайындалышы керек. Бул маселе чечилген маселе деп ойлойм. Менин пикиримде, депутаттардын басымдуу бөлүгү Куловдун талапкерлигин колдошот. Президенттик шайлоонун тынч өткөнү да көбүнесе ушул эки адамдын келишимине байланыштуу болду. Эми Куловдун премьер-министрликке дайындалышынан өлкөнүн стабилдүү өнүгүшү түздөн-түз байланышта деп эсептейм .

Депутат Исхак Масалиевдин бул маселе боюнча пикири төмөнкүчө:

- Президенттик шайлоо адында Ф. Кулов премьер-министр болот деген келишим ишке ашырылышы керек. Парламент да менимче, бул кандидатураны колдойт. Анткени, бул киши иштеп бере турган адам. .

Биз сурамжылаган депутаттар белгилешкендей, өкмөткө байланыштуу маселелерден тышкары да бир топ маселелер парламенттин кароосуна тез арада коюлушу керек. Депутаттар кышка даярдыктар боюнча, сот тармагын реформалоо, паспорт, жол маселесин жана башка көйгөйлөрдүн козголошунун зарылдыгын белгилешти.

Айрым депутаттар Жогорку Кеңеште эң ириде Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү маселеси күн тартибине коюлууга тийиш деген көз караштарын билдиришти. Алардын бири Өмурбек Бабанов буларга токтолду:

- Азыр эң негизги маселе – Конституциялык реформага байланыштуу. Ошондуктан, парламент эң биринчи жаңы Конституцияны кабыл алуу маселесине көңүл бурушу керек. Анткени, биздин өлкө чыныгы демократиялуу Баш мыйзам менен жашашы керек .

Ал эми депутат Камчыбек Жолдошбаев парламенттин күн тартибине мектеп, жол, элект энергиясына байланыштуу маселелердин коюлушу керектигине токтолду:

- Биз жер-жерлерде шайлоочуларыбыз менен жолугушуп келдик. Алардын арыз муңдары негизинен жолдорубуздун абалына, элект энергияга, мектептердин кейиштүү абалына байланыштуу болуп жатат. Калк негизи жарыктан кышкы мезгилде аябай кыйналат. Күнүнө үч жолудан да өчүрүп койгон учурлар болот экен. Мектептердин баары эле кышка даяр эмес. Көбүндө көмүр маселеси чечиле элек. Жолдордун абалы да өтө начар. Өтө опурталдуу абалдагы жолдор тез арада оңдолушу керек .

Депутат Жантөрө Сатыбалдыев болсо жаратыш кырсыктарынан жапа чеккен үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү маселеси да парламентте мүмкүн болушунча эртерээк каралышы керек дейт:

- Биз жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө тез арада жардам көрсөтүшүбүз керек. Ошондуктан, бул маселе да парламенттин кароосуна коюлууга тийиш. Биз паспорт маселесин да тез арада карашыбыз керек. Анткени, бул маселенин чечилиши создуктурулуп жатат .

Айрым депутаттар калкты таза суу менен камсыз кылуу маселеси тууралуу да айтышты. Бул маселе боюнча депутат Айдар Керимкулов мындай дейт:

- Азыр өлкөдөгү эң көйгөйлүү маселелердин бири – калкты таза суу менен камсыз кылуу. Анткени, бүгүнкү күндө көптөгөн айыл-кыштактарда калкыбыз таза суу менен камсыз кылынган эмес. Ал эми бул маселе менен калктын ден соолугу, келечеги түздөн-түз байланышта. Ошондуктан, мен бул маселени парламенттин күн тартибине сунуштаар элем .

ЭЛ АРАЛЫК ВАЛЮТА КОРУНУН БИШКЕККЕ ИШ САПАРЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Эл аралык валюта корунун миссиясы эки аптадан бери Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүн жаңы өкмөт өкүлдөрү менен кенен-кесир талкуулады. Салык саясаты, бюджеттин аткарылышы, эмдиги жыл бюджетинин кам-чому эларалык эксперттердин катышуусунда дагы бир ирет сыноодон өттү.

Кыргызстандын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Феликс Кулов негизги принципиалдуу маселелер боюнча Эл аралык валюта корунун миссиясы менен макулдашууга келишкенин билдирип, айрым маселелер, тактап айтканда, айыл чарба өндүрүшчүлөрүнөн алынчу кошумча нарк салыгын жоюп таштоону, баалуу кагаздар маселесин дагы макулдаша тургандыгын айтты:

- Биртоп маселелер боюнча сиздер менен макулдашууга жетише алдык. Тактап айтканда, эмгек акы төлөө фондун 10% көтөрүү, эмдиги жылга пенсия өлчөмүн дагы 10% жогорулатуу, киреше салыгын азайтуу. Мындан улам биз да баарын жакшылап карап чыгып макул болчу маселелерди тактадык. Чынымы айтайын, айрым маселелр боюнча биз өзүбүздү ыңгайсыз абалга коебуз, мисалы, квазиал таңкыстыгы деңгээли боюнча сиздердин сунушту туура көрдүк. Кыйлага талашып-тартышып отуруп баалуу кагаздарды жоюуга да макул болдук. Улуттук банктагы өкмөт эсебинде 500 миллион сомдук баалуу кагаз турат. Бир өтүнүч жоюу мөөнөтүн эмдиги жылдын февралында талкууласак.

Феликс Куловдун айтуусунда, маселени эмдиги жылга жылдырып атышынын артында экономика эмес, саясат турат. Бирок да өкмөт башчынын милдетин аткаруучу ал кандай саясат экенин тактаган жок.

Эларалык валюта корунун миссиясы ишин аяктарга чукул президент К. Бакиев облус жетекчилерин чогултуп жыйын куруп, айыл чарба өндүрүшчүлөрүнөн кошумча нарк салыгы алынбай турганын ырастады, деп маалымдады Ф. Кулов. Жаңы өкмөт башчы Т. Саавалайненден президент К. Бакиевдин чечимин колдоп берүүнү өтүндү.

- Квазифискал таңкыстыгы боюнча биз катаал чекте турабыз. Биз аны аткарышыбыз керек.

Эл аралык валюта корунун миссия жетекчиси адатта кыйын суроолор аягында калтырыларын белгилеп, өкмөт башчы бюджет таңкыстыгын жадынан чыгарып ийгенин эске салды.

- Биpок сиз бюджет таңкыстыгы тууралуу айтпай кеттиңиз. Ал тууралуу бизде талаш-тартыш болгон,- деп айтты Тапио Саавалайнен.

Быйылкы жыл бюджетинин таңкыстыгы 3,1%, эмдиги жылы болсо ал 2,8% түшүшү керек. Бюджет таңкыстыгын жыл сайын аз-аздан азайтып туруу милдетин кыргыз өкмөтү жакырчылыкты жоюу, экономикалык өнүгүшкө өбөлгө түзүү боюнча үч жылдык программасында да алган. Программанын аткарылышына кылдат көзөмөл жүргүзгөн эларалык валюта кору салык түрлөрүн азайтуу, социалдык төлөмдөрдү көбөйтүү аракетин кыйла өгөйлөбүрөөк кабылдап, бюджет таңкыстыгын азайтуу, кирешени көбөйтүү тууралуу бекем шарттарды коюп келатат.

Өкмөттүн эмгек акы төлөө фондун 10% көтөрүү эртең эле айлык маяна өлчөмүн көтөрүүнү түшүндүрбөстүгүн Кыргызстандын Каржы министрлигинин пресс-кызматынын жетекчиси Ольга Волосатых маалымдады:

- Эмгек акы төлөөнүн жалпы суммасын 10% көбөйтүү айлык акыларды ошончо көтөрүүнү түшүндүрбөйт. Айлык маяна социалдык тармактагы бюджетчилерде гана көтөрүлөт.

МАДАНИЯТ КҮНДӨЛҮГҮ

Кабарчыбыз Айжан Шаботоева даярдаган “Маданият күндөлүгү” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышынан Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Керим Турапов менен болгон маекти уга аласыздар. Мындан сырткары адаттагыдай эле апта ичинде болчу маданий окуялар тууралуу маалыматтар менен кабардар болосуздар.

ЗАЛКАР ЫРЧЫ АСЕК ЖУМАБАЕВ ДҮЙНӨ САЛДЫ

29-августа Кыргыздын залкар ырчысы, кайталангыс талант эл артисти Асек Жумабаевдин сөөгү Бишкектеги Аларча көрүстөнүнө коюлду. Аза күтүү аземи маркум көп жылдар иштеген Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөрүлгөн жок. Маркумдун керээзи боюнча анын сөөгү өз үйүнөн чыгарылып, чакан эскерүү жыйыны болду. Ага көркөм өнөр жаатындагы кесиптештери, мамлекеттик ишмерлер, маркумдун талантына таазим кылган замандашатары катышты.

Кыргыздын залкарлары Сыртбай, Бектемир, Муса Баетов, Атай Огонбаевдин кайталангыс талантын улап, улуттук жанрдагы ырларды зор чеберчиликте аткарган чыгаан ырчы, сахна чебери, комузчу, обончу Асек Жумабаев 81 жаштан 82ге караган курагында дүйнө салып, кыргыз көркөм өнөрү орду толгус оор жоготууга учурады. Асек Жумабаев Нарын районундагы Байгазак, азыркы Аккыя айылында жарык дүйнөгө келип, чыгармачылык чыйырын 1945-жылы Нарын музыкалык драма театрынан баштаган. Ал жерде ырчы, комузчу, драмалык чебер актер катарында өзүн көрсөтө алган.

1949-жылдан баштап эс алууга чыкканга чейин Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында эмгектенип, опералык ырчы катары «Манас», Айчүрөк», «Токтогул», «Алтын кыз» операларында кайталангыс жаркын образдарды түзгөн. Айрыкча «Аста секин колукту» музыкалык комедиясында жараткан Маркабайдын кулк мүнөзү элдин эсинде түбөлүккө сакталып калды.

Асек Жумабаев чет мамлекеттерге көп барып, кыргыз улуттук ырларын ийинине жеткире аткарып, бир катар эл аралык фестивалдардын лауреаты болгон. Ал залкар талант Муса Баетов менен жүз көрүшүп жолукпаса дагы, аны өз устаты катары баалоочу экен. Тагдырдын буйругу менен маркум Асек Жумабаевдин сөөгү, ал тирүүсүндө пир туткан Муса Баетовдун бейитине катар коюлду. СССрдин эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиев бул тууралуу мындай дейт:

- Өзүнүн пир туткан устатынын бейитинин жанына Асакемдин сөөгү коюлду. Анткени Аларча көрүстөнүнө келгендер Мусакемдин бейитин көргөндө Асекти эстейт. Асектин бейитин көргөндө Мусакемди эстейт.

Маркум Асек Жумабаев замандаштарынан айырмаланып, чукугандай сөз тапкан, шайыр адам эле. Анын тамашакөйлүгүн депутат Дооронбек Садырбаев мындайча эскерди:

- Мындан эки үч жыл мурда бир отурушта Асакеме жолугуп калып. «Ой, чегирткенин айгырындай болгон жарыктык барсызбы?»-десем, «Мамажандын кара эшегиндей болгон дулдулум бармын»-деп кучакташып көрүшүп, тамашага тамашалап жооп берген. Аны уккан Нарындан келген эки-үч аксакал. «Ой, Асек атак-даңкың бар. Жашың да пайгамбар жашынан өттү. Анан ушул балдар менен астейдил азилдешпейсиңби?» - дешсе. Анда Асакем, «Мен деген түндүк менен түштүккө, жаштар менен карыга, саясатчы менен артистке көпүрөмүн. Мына ошолорду бириктирип турган менмин. Көпүрө менен баары өтөт, жаштар да карылар да өтөт. Аялдар менен балдар өтөт. Силер менин досум менен болгон мамилеме кийлигишпегиле»,- деп кагып койгону эсимде. Асакем, кыргыз улуттук ырларын ырдаган залкар аткаруучу, акыркы могикан эле.

Маркум Асек Жумабаевдин кесиптештери, замандаш, жакындан билген адамдар анын хандан, бектен тартынбаган, ар нерсени бетке айткан айкөлдүгүн айтып калышчу. Бейит башында Жумабаевдин жакын тууганы Жолдон Саламатов буларды айтты:

- Асакем хандан,бийден тартынбаган бийлигине, байлыгына моюн сунбаган адам эле. Оюна келгенди түз айткан, бетке айткан айкөл эле. Мына ошол мүнөзү менен кээ бир жогорку бийликте иштеген адамдарга жакпай калган жайлары бар.

Ажал айттырбай келет демекчи, ким ойлоптур, август айынын этегинде залкар талант Асек Жумабаевдин бейитине топурак салып, аза күтүп калабыз деп. Мындан 15 күн мурда Асек Жумабаев «Азаттыктын» кабарчысы Балбай Алагушев менен баарлашып, ысымы белгисиз болуп бараткан обончу-ырчы Сыртбай тууралуу айтып берген эле:

- Биринчи эл ичинен чыккан таланттуу обончу Сыртбайды атай алабыз. Ал адам өз заманында, даңкы таш жарган обончу экен. Совет тушунда Сыртбайдын ырлары делип, эл ичинде анын бир топ ырлары ырдалып келген. Кыргыз элинин булубул ырчысы Муса Баетов Сыртбайдын мукам кайрыктуу ырларын чебер аткарган. Мен дагы “Сыртбайдын ыры” аттуу ырын өз калыбынан бузбай, угармандарга тартуулап келатам.

Ошентип Муса Баетовдун бейитине катар дагы бир жаңы мүрзө пайда болду. Ал - кыргыздын улуттук ырларын чебер аткарган акыркы могикан Асек Жумабаевдин бейити.

БАТКЕН КООГАСЫНА 6 ЖЫЛ

Сабыр Абдымомунов, Баткен Мындан 6 жыл мурда өлкө түштүгүндөгү Баткен районунун аймагына өздөрүн “Өзбекстан ислам кыймылы” атаган куралчан топ кол салып, андан элүүдөн ашуун кыргыз жоокерлери курман болгону белгилүү. Өлкө эгемендигине шек келтирген ошол окуянын себептеринин жана коогалаң башталган алгачкы күндөрдө кыргыз аскерлеринин түшүнүксүз артка чегинүүсүнүн түйүнү ушул күнгө дейре чечилбей, сыр бойдон калууда.

Жергиликтүү жетекчилер Баткен районунун аймагына белгисиз куралчан топ басып киришкенин бир жумадан кийин гана билишкен. Окуя башталган күндөн тартып эле “сакалчандар” менен түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөрдүн бири Зардалы айылынын ошол кездеги башчысы Акмырза Тагаев алгачкы уккандары жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Зардалы айылынан үч чакырым аралыкта Коргон деген айыл бар. Ошол Коргон деген айылга жыйырма бир “сакалчан” келип, жайгашкан экен. Ошол жердеги аксакалдарды үч күн кармап турушуптур. Зардалыдан Коргонго жөнөгөндөрдү өткөрүп, ал эми Коргондон Зардалы айылына бир да адамды өткөрбөй турушкан. Ошондуктан үч күнгө чейин алардын айылга келгенин билбей калганбыз. 30-июль күнү “сакалчандар” айылдан чыгып кетишкен экен. Аксакалдар келип мага айтышты, сен бизден кабар албайсың, биздин абалыбызды сурабайсың деп. Мен ойлоптурмун, алар ооруп калып, унаа менен Баткенге жөнөтүш керек экен деп. Көрсө, “сакалчандар” келип, үч күндөн бери алардын малдарын союп жешип, бул жактан баргандарды ал жактан чыгарбай турушканын мага айталы деп келишиптир. Кушкеев Бурхан деген аксакалды алып, ошол жерден токтолбостон Баткенге келдик. Алар ошол аксакалга жүз доллар беришкен экен, бизге тамак-аш алып келип бересиң деп. Ошону менен экөөбүз бирге түнкү саат он бир жарымдарда райондун борборуна келип, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө кирдик. Начальнигине айтсак көбү ишенишкен жок, кандайча кирип келсин деп.

Ошентип Баткен окуясына күбө болгон Акмырза Тагаев ошол учурда кыргыз жоокерлеринин аскердик даярдыгы начар экендигине карабастан патриоттук сезими күчтүү болгонуна токтолду:

- Биринчиден биздин армиянын тажрыйбасы жок экендиги билинди. Аскерлердин кийген кийимдери өзүлөрүнө туура келбегендиги, экинчиден алар курал кармап, эч кандай окуулардан өтпөй, тажрыйбасы аз болсо да патриоттук сезим менен жүрүштү.

Окуя анча күч ала элек кезинде Улуттук гвардиянын жана ички иштер кызматынын атайын аскерлери тарабынан куралчан баскынчылар курчоого алынган кезде өлкөнүн ошол кездеги коргоо министри Мырзакан Субанов бардык аскер башчыларын чакырып, аскерлердин Баткенден чыгып кетүүсү жөнүндө жогортон келген буйрук менен тааныштырганы Баткен эли үчүн ушул күнгө чейин сыр бойдон калууда. Бул туурасында жергиликтүү бийликтин башчысы Акмырза Тагаев таң калуу менен эскерет:

- Таңга маал 21-августта ушунча аскерлер кирип, бардыгын курчоого алып турушкан. Анан эле алар кайра чыгып кетти. Ким буйрук бергени, эмне үчүнэлди таштап, кайра чыгып кеткени сыр бойдон калды.

Ошентип эки жыл удаасы менен болгон Баткен окуясы 50дөн ашуун жоокерлерибиздин өмүрүн алып, дагы бир канчасы андан жапа чекти. 2002-жылы Баткенде бул окуянын катышуучулары “Чокмор” деген коомдук бирикме түзгөн. Учурда анда 400дөн ашуун мүчөсү бар. Коомдук бирикменин иш-аракеттери тууралуу уюмдун өкүлү Канат айым буларга токтолду:

- Коогалаңга катышкандан кийин ооруп, ишке жараксыз болуп калгандарга бардык бейтапканаларга кайрылып, бекер дарылантып бердик. Жогорку окуу жайларга кат аркылуу кайрылып, Баткен коогалаңына катышкандардын балдарына 50 пайыз акча төлөмүн азайтып бердик. Жардам боюнча кайрылып жатабыз. Эми жаңы президентке, депутаттарга да кайрылдык.

ШААР БИЙЛИГИ ЖЕР АЛЫП САТАРЛАРГА ЧАРА КӨРҮҮНҮ ЧЕЧТИ

Бишкек шаардык бийлиги үй курууга жер бөлүү тартибин күчөтөт жана аны алып сатарлыкка айландырган фактыларга мыйзам чегинде чара колдонот. 27-августта Бишкек шаардык жана райондук жетекчилер коомчулукка ушундай билдирүү менен чыгышты.

Шаар бийлигинин мындай билдирүү менен чыгышына жер талап кылуучулардын кезектеги нааразылык акциясы түрткү болду. Координациялык кеңештин мүчөсү, жеке турак жай куруу башкармалыгынын башчысы Талгарбек Момуналиевдин айтымында, мындай нааразылык райондук мамлекеттик бийликтердин координациялык кеңештин сунуштарын эске албай, өздөрүнүн бир жактуу тартибин таңуулап жатышынан келип чыгууда.

Бирок 27-августта Бишкек шаарындагы төрт райондун акимдери маалымат жыйынын уюштурушуп, координациялык кеңештин ишмердүүлүгүн кескин сынга алышты. Ленин райондук мамлекеттик администрация башчысы Николай Байло азыр мамлекеттик бийлик коомдук уюмдардын барымтасында калды деп билдирди:

- Биз айкындыктын тескери натыйжасына тушуктук. Азыр биз коомдук бирикмелердин барымтасында калдык.

Коомдор тарабынан негизсиз кысым көрсөтүүлөр болуп жаткандыгын ушул эле күнү Бишкек шаар кеңешинин кезексиз сессиясынын учурунда шаар мэри Арстанбек Ногоев да билдирип, мындай чыңалууну ириде жерди алып сатуунун күчөп жаткандыгы менен байланыштырды:

- Жагдайдан пайдаланып, көптөгөн адамдар марып атышат. Ар бир жер аянтын 500-1000 доллардан сатып атышат. Аз эле дегенде 100 доллар болуп атат. Жерди чоң бизнеске айландырышты.

Ушундай билдирүү жасаган шаардын мэри жерге байланыштуу тартип күчөтүлгөндүгүн билдирди. Анткени, Бишкекте башы ачык болгону 77 гектар жер калды. Ошол эле учурда жер алууну каалоочулардын саны муктаж адамдардын санынан бир нече эсе өсүп, бир эле учурда бир үй бүлө ондогон жерге ээлик кылган фактылар катталып жатат:

- Бирок мындан ары бардыгы мыйзам чегинде болот. Шаардык ички иштер, коопсуздук кызмат башчыларына, прокурорго, тапшырма берилди.

Ногоевдин айтымында, жер мындан ары 15-июнга чейин арыз тапшырган адамдарга гана, мыйзам чегинде тыкыр текшерүүгө ылайык берилет.

Мыйзам бузуулар координациялык кеңешке кирген коомдук бирикмелер эле эмес, мамлекеттик администрация кызматкерлери тарабынан да кетип жатканын Бишкек шаардык кеңешинин атайын комиссиясы аныктады. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрайымы Нуржамал Байболова билдирди:

- Айрым акимдердин орун басарларына конкреттүү фактылар бар. Маселен, алардын ичинде Ленин район акиминин орун басарларынын бири жасалма токтом даярдаган. Бул боюнча прокуратура иштеп жатат.

Жеке үй куруу башкармасынын орун басары Рысбеков Жыргалбек Рысбековдун айтымында, жер алып-сатып жаткандыгы тууралуу көп сөз айтылганы менен, аларды далилдөө кыйын болууда:

- Мындай фактылар көп болуп атат, айтылып атат, бирок сөз жүзүндө гана калып атат.

Ошол эле учурда жерге муктаж адамдардын арасында:

- Бирдеңке кылалы десек колубуздан эч нерсе келбейт экен. Бизди эч ким укпайт экен. Мыйзам чегинде бизди карап, жардам берген эч ким деле болгон жок, - деген өңдүү пикирлер арбын айтылат.

Шаар бийлигинин маалыматына караганда, март ыңкылабынан кийин жер сурагандардын 12 миңи жер менен камсыз болду. Бирок жер алууну каалоочулардын катары суюла элек.

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ

Эгемендүүлүк майрамын утурлап Бишкекте ар кандай маданий иш чаралар болуп өттү. Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде “Аял жана согуш” деген аталыштагы фото көргөзмө ачылды. Улуттук филармонияда белгилүү комузчу Самара Токтакунова жеке концертин тартуулады. Залкар акын Алыкул Осмонов жашаган Чолпонатадагы үйдү музей-китепканага айландыруу аракети көрүлүүдө

Жуманын шейшемби күнү Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде “Эл аралык кызыл чырым” коомунун демилгеси менен “Аял жана согуш” деген аталыштагы фото көргөзмө ачылды. Аталган коомдун Кыргызстандагы өкүлү Жылдыз Теңизбекова бул көргөзмө тууралуу мындай деди:

- Согуш учурунда аялзаты ар кандай кыйынчылыктарды баштан кечирет. Көргөзмөнү уюштуруубуздун негизги максаты чет элдик фотосүрөтчүлөр тарткан сүрөттөрдү көрсөтүү менен жаштардын гумандуулукка тарбиялоо.

Эне менен баланын кайгылуу жүзү, согуш учурунда мекенинен безип, бөтөн эл, бөтөн жерге баш калкалап барган энелердин турмушун чагылдырган фото сүрөттөрдү көргөн көрөрмандар мындай көргөзмөнү айыл жеринде да уюштурса жакшы болоор эле деген ойлорун ортого салышты.

***

Аптанын жума күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда эгемендүүлүк күнүнө карата СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Самара Токтакунова “Комузум - өмүр шеригим” аттуу концертин берди

Бул концертте белгилуу комузчунун шакирттери да каалоо-тилектерин билдиришип, комузда кол ойнотушту. Ошону менен бирге кесиптеш курбулары да куттукташты. Мына ошондой сахналаш досторунун бири Нуржамал Табалдиева төмөндөгүдөй каалоосун айтты:

- Эженин бүгүнкү майрамы менен куттуктайм. Ден-соолугу чың болуп, өмүрү узун болсун. Бүгүн эл кандай жакшы кол чабуулар менен кабыл алышып жатышкан болсо, дайыма ушундай сүймөнчүлүккө ээ болуп жүрө берсин.

Концерттин соңунда айрым көрүүчүлөр менен концерт туурасында ой бөлүштүк:

- Менин атым Калыя. Бүгүнкү концерт аябай жакшы болду. Шакирттери да жакшы чыкты, айрыкча куудул кыздын комуз черткени жакты.

- Мен Кемин районунун Кызыл Октябрь айылынан келдим. Атым Турсун. Бишкекке кыздарымдыкына келдим эле. Анан Самара Токтакунованын концерти болот экен деп угуп эле келгенбиз. Жакшы маанай менен кетип баратабыз.

***

Ысыккөл жээгиндеги Алыкул Осмоновдун үйү турган жер “Мээрим” фондусуна берилип маданий комплекс курулат деген имиштер тараган эле. Бирок учурда “Алыкул” фондусу тарабынан акындын үйүн музей-китепкана катары калтыруу иш чаралары башталды. Бул туурасында Чолпонатадагы кабарчыбыз Рита Нурмамбет материал даярдады.

Кыргыз элинин классик акыны Алыкул Осмонов 1945-50 жылдары жашаган Чолпонатадагы үйү балдардын кургак учук санаториясынын аймагында жайгашкан. Ал эми санатория өткөн жылы Түп районуна көчүрүлүп, ал жерлер атайын “Мээрим” фондусуна бошотулгандыгы тууралуу Алыкул Осмоновдун замандашы Ишенаалы Мусапыров буларды айтты:

- Акаев менен Танаевдин бийлиги туура эмес эле иш кылды. Эл акыны Алыкулдун үйүн китепкана кылабыз деген элдин далалатын четке кагып, менчиктештирип алабыз дегендердин жок болгону ырас болду.

Акынга көлдүктөр өзгөчө таазим этиш керек болчу деген Бакыт Асанбаев жок дегенде токсон жылдыгында туулган күнүн эскерип койбогон жергиликтүү бийликке нааразылыгын мындайча билдирди:

- 21-мартта жергиликтүү бийлик буга көңүл буруп койгон жок. Себеби Акаевдин режиминде акындын жашаган үйүн бузуп таштап, башка имарат курабыз деген ойдо болушкан экен.

Ал эми “Алыкул” коомдук бирикмесинин башчысы Памирбек Казыбаев бул маселе туурасында төмөндөгүлөргө токтолду:

- 24-марттагы окуядан кийин бул санатория кайра ордуна келип, ошону менен бирге Алыкулдун маселеси кайра козголуп жатат.

Памирбек Казыбаев ошондой эле Алыкул Осмоновдун мындан алтымыш беш жыл мурда которулган “Жолборс терисин жамынган баатыр” аттуу чыгармасы акындын алгачкы которгон мазмуну менен грузин ишкерлери тарабынан басмага берилгендигин жана Чолпонатадагы үйүнүн жанына орнотуу үчүн Алыкул Осмоновдун айкели да даяр болгондугун кошумчалады.

ГЕНЕРАЛ ЧОТБАЕВ КЫЗМАТТАН АЛЫНГАНЫНА ШААРДЫК КЕҢЕШ МАКУЛ ЭМЕС

Коопсуздук кеңешинин чечиминин негизинде президент Курманбек Бакиев Улуттук гвардиянын башкы командачысы Абдыгул Чотбаевди кызматынан бошотту. Мындай кадамды мыйзамсыз деп эсептеген Бишкек шаардык кеңеши 27-августта өткөн чукул сессиясында президентке кайрылуу жолдоп, ишти кайра териштирүүнү суранды. Депутаттар депутат Чотбаевди башкы командачылык кызматтан бошотоор алдында президент шаардык кеңештин макулдугун алышы керек деп санашат. Коопсуздук кеңешинин катчысы мындай көз карашты четке какты.

Шаардык кеңештин депутаты Абдыгул Чотбаевди Улуттук Гвардиянын башкы командачылык кызматынан алуу тууралуу 26-августта кол коюлган жардыкты Бишкек шаардык кеңешинин 27-августта өткөн кезексиз сессиясында депутаттарга президенттик администрациянын юридика бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов тааныштырды.

Жардык 24-августтагы Коопсуздук кеңешинин чечими менен негизделген. Бул отурум 17-июнь окуясынын себептери менен кесепеттерин талкуулаган. Бул отурумда Коопсуздук кеңеши окуяны алдын алуу үчүн макулдашылган чаралар көрүлгөн эмес деп, Улуттук гвардиянын башкы командачысы Абдыгул Чотбаевди, Улуттук Коопсуздук кызмат башчысынын биринчи орун басары Токон Мамытовду жана Чегара кызматынын орун басары Алыбай Кайыповду кызматтан алууну президентке сунуштаган. Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязовдун 27-августта билдиргенине караганда, президент Коопсуздук кеңешинин чечимин толук колдоду. Анын ичинен Абдыгул Чотбаевге байланышкан жардык алгачкылардан болуп коомчулукка маалымдалды. Бирок бул жардык дароо эле Бишкек шаардык кеңеште нааразы пикирди жаратты. Ошондуктан, ишемби күнкү18-сессияда депутаттар президент Бакиевге кайрылуу жолдошту.

Президент жардык чыгарууда «Депутаттын макамы жөнүндөгү» мыйзамды бузган дейт депутат Андрей Филатов:

- Мыйзам боюнча жетекчилик депутатты, анын ичинде аскер кызматкерин дагы кызматтан аларда Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын макулдугун алышы керек. Чотбаевдин жагдайында мындай макулдук алынган эмес.

Ал эми генерал Абдыгул Чотбаев аскер кызматкери катары эмес, ириде адамдык ар намысына доо кеткенин айтат. Анткени, 17-июнь окуясы боюнча ал эки ирет жазаланды, бул мыйзамга сыйбайт дейт:

- Мен эми аскермин да. Президент куралдуу күчтөрдүн башчысы. Ошондуктан, мен эч нерсе айта албайм. Бирок менимче, президенттин жардыгын даярдагандар президентти оңтойсуз абалга кириптер кылып коюшту. Көпчүлүк юридикалык моменттер туура эмес болуп калып атат. Ошого каршымын. Өзүмдүн укугум боюнча сотко кайрылсам деле болот, Конституциялык сотко кайрылсам деле болот.

Жагдайга байланыштуу президентке акыйкат маалымат жетип жатканына күмөнсүнүүсүн шаардык кеңештин бир катар депутаттары да билдиришти. Анткен менен, коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязовдун пикиринде, Улуттук гвардияны жана мамлекеттик күзөт кызматын түзүү мыйзам боюнча президенттин жеке милдети, ошондуктан, Жогорку Кеңеш да, шаардык кеңеш да буга киришүүгө акысы жок :

- Чечимди (президенттик) администрация эмес, коопсуздук кеңеши кабыл алат. Башкача айтканда бул (шаардык кеңештин сунушу) мыйзамга каршы келет. Кеп керек болсо мында да эмес. Генерал Чотбаев өзүн татыксыз алып жүрүп атат дегим келет. Чотбаев сыяктуу генералитетти Акаев түзгөн. Бул акаевчил генералитет.

Бирок Абдыгул Чотбаев мындай дооматты шылтоо деп эсептейт:

- Кызматтан алып жаткан кишилерге карата Акаевдин кишиси деген эле шылтоо болуп атпайбы. Эми мен Акаевдин кишиси эмесмин. Мен мамлекеттик кишимин. Ишим элге, өз жерибизге кызмат кылган иш.

Генерал Абдыгул Чотбаев 2000-жылы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болуп шайланып, бирок аз убакыттан кийин өз каалоосу менен башкы командачылык кызматына кайткан. Ал кездеги оппозиция генералды Аскар Акаевдин ишенимдүү адамдарынын катарында санап келген.

Чотбаев эми мындан ары эмне иш кылары тууралуу чечим кабыл ала элек, бирок кызматка таарынган үчүн эле оппозицияга кетүүдөн алыс. Азырынча депутаттык ишин жана ооганчылар коомун жетектөөнү улантат. Иштен бошоп калгандыгына байланыштуу өз тарапкерлерин ар кандай нааразылыктарга үндөбөйт.

Анткен менен шаардык кеңештин кайрылуусунан мурдараак Коопсуздук кеңешинин чечимине байланыштуу ооганчы-генералды жактаган ооган согушунун катышуучулары да президентке кайрылуу жөнөтүшкөн. Бирок Чотбаев өзү саясий чечим кабыл алынгандан кийин мындай кайрылуулардан кандайдыр бир майнап чыгарына ишенбейт.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин чечимин жактагандардын бири, «КДК» саясий партиясынын лидери Жыпар Жекшеев ар бир мамлекет, ар бир бийлик өзүн коргоого үйрөнүшү керек деген ойдо. Бул жагынан Коопсуздук кеңешинин чечиминде шек жок дейт:

- Мамлекеттин коопсуздугун сакташыбыз керек. Эми революция деп эле күндө келип ак үйдү басып алып атканда тиешелүү чара көрбөгөн күчтүн бизге кереги жок деген ойдомун.

ИСМАИЛ ИСАКОВ: “КЫРГЫЗСТАНГА КЫТАЙ АСКЕР БАЗАСЫН ЖАЙГАШТЫРУУ ТУУРАЛУУ СӨЗ БОЛГОН ЭМЕС”

Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков Кытай Эл Республикасынын Шандунь аралында өткөн Орусия менен Кытайдын “Тынчтык миссиясы-2005” деген биргелешкен аскердик машыгуусуна барып келди. Бул сапарынан соң Исмаил Исаков аталган аскерий иш-чаранын максаты жана Кыргызстандын улуттук армиясынын учурдагы абалы тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

- Исмаил мырза, Сары деңиздин Шандунь аралындагы орус-кытай куралдуу күчтөрүнүн “Тынчтык миссиясы-2005” деген биргелешкен аскерий машыгуусуна барып келдиңиз. Аталган машыгуу кандай өттү жана анын максаты эмнеде?

- Кытай мамлекетинин чакыруусу менен ШКУга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлери барып, биргелешкен аскерий машыгууну көрүп келдик. Чындыгында Орусия Совет биримдиги таркаган мезгилден бери тарыхта биринчи жолу ушундай чоң масштабдагы аскердик машыгууну Кытайдын Куралдуу күчтөрү менен өткөрдү. “Тынчтык миссиясы-2005” деген биргелешкен аскердик машыгуунун негизги максаты, бүгүнкү күндөгү эл аралык террорчулукка каршы күрөшүүгө даярдыкты күчөтүү. Азыр айрым мамлекеттерде терроризм күч алып атпайбы. Ошондой эле этникалык мүнөздөгү, уруу-уруу болуп кагылышууларга бөгөт коюу. Мына ушуларга каршы эки мамлекет ШКУга мүчө мамлекеттердин тынчтыгын, коопсуздугун сактоо максатында аскердик машыгууну өткөрүштү. Менин оюмча, машыгуу максатына жетти.

- Кытай-орус аскерий машыгуусу Кытай мамлекетинин Тайваньга сүр көрсөтүү жана Орусиянын жаңы куралдары менен кытай аскерлерин үйрөтүү максатын көздөөдө, деп эл аралык айрым маалымат каражаттары маалымдашты. Буга пикириңиз кандай?

- Менин оюмча эки мамлекеттин аскердик машыгуусу андай максатты көздөбөсө керек. Чындыгында ар бир өлкө өзүнүн куралдуу күчтөрү болгондон кийин, ошол куралдуу күчтөрдүн машыгуусун өткөрүп, улантуу керек. Машыгуу деген куралдуу күчтөрдүн даярдыгынын эң башкы жолу. Эки өлкөнүн аскердик тактикасы ар башка болот. Орусия менен Кытай биригип өткөргөн аскердик машыгууда алар тажрыйба алмашат. Жаңы куралдардын үлгүлөрүн, согуш тактикаларын үйрөнүшөт.Келечекте биргелешип иштөөнүн пландары түзүлөт. Менимче, бул машыгуу эки өлкөгө тең пайдалуу. Ошондуктан Тайваньга кыр көрсөтүү максатында өткөрүлдү деген туура эмес болуп калат.

- Исмаил мырза, жогоруда биз кеп кылган аскерий машыгууга ШКУга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлери барды дедиңиз. Ошол жолугушууда “Манас” аба майданындагы АКШнын авиа базасы тууралуу маселе көтөрүлдүбү?

- Жок. Кыргызстандагы Американын авиа базасы жөнүндө жана башка аскердик базалар жөнүндө эч сөз болгон жок. Биз болгону машыгууга гана катыштык. Бирок Кытайдын Коргоо министри экөөбүз эки тараптуу кызматташууга байланыштуу келишимге кол койдук. Ал келишимге ылайык Кытайдын Коргоо министрлиги бизге 10 млн. юань, же болбосо 1 млн. АКШ доларынын көлөмүндө акча каражатынан гуманитардык жардам иретинде бере турган болду.


- 5-июлдагы Астана Саммитинен кийин Кыргызстанга Кытай аскердик базасын орнотууга кызыкдар деген маалымат тарап кетти эле. Бул маселе козголдубу?

- Андай маселе көтөрүлгөн жок. Аны көтөрүүгө негиз да жок. Биздин аймакка Кытай аскердик базасын алып кирүү жөнүндө ой-пикир да болгон эмес. Мындай маалыматты кимдер чыгарып жатканын билбейм. Ал жерде Кытайдын Коргоо министри менен көп сүйлөштүм. Машыгуу болуп жатканда бирге болдук. Бир дагы жолу Кытайдын Куралдуу күчтөрүнүн базасы же башка бир өнөктөш өлкөлөрдүн аскердик базасын жайгаштыруу тууралуу сөз болгон жок. Менин оюмча, болбойт дагы.

- 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата офицер, жоокерлер Улуттук символикалар түшүрүлгөн аскердик жаңы чин белгилерди тагынып чыгабы? Ал белгилердин өзгөчөлүгү эмнеде?

- Өзүбүздүн улуттук белгилерибиз бар эмеспи; түндүк, туу, оймо. Мына ушул элементтердин символикалык белгилери түшүрүлгөн жаңы пагондорду өзүбүздөн чыгарып, баардык аскер бөлүктөрүн камсыздайлык деген ой бар. Анткени алыстан караганда бул кыргыз армиясы экендиги айырмаланып турушу керек. Аскердик жаңы белгилерди буюрса эгемендүүлүк күнүнө карата салтанатта тагынып чыгабыз. Аны жасоого каражат жетишет. Анткени жоокерлердин кийимдери үчүн бюджеттен каражат каралган. Ошонун негизинде бардык аскер бөлүктөрүндө аскердик белгилер жаңыртылат.

- Исмаил мырза, эми кеп нугун мындан алты жыл мурда болгон Баткен окуясына бурсак. Ошол окуядан кийин сиз Коргоо министринин орун басарлык кызматынан кетүүгө арыз бердиңиз эле. Окуянын өрчүп кетишине кимдер күнөөлү деп эсептейсиз, дегеле аны болтурбай койсо болот беле?

- Чынын айтканда, бул мурдакы бийлик башында отургандардын күнөөсүнөн болду. Алардын ишти туура эмес алып баргандыгынан болду. Эгерде ошол жерде турган кесипкөй аскер адамдарына койсо, коопсуздук үчүн силер жооп бересиңер деген мамиле болгондо, окуя башкача болмок. Тарых убагы келгенде тастыктаар. Ошол учурда эки генерал Исаков менен Садиев жогорку бийлик өкүлдөрүнө каршы туруп, бизге уруксат бергиле, биз азганактай аскерибиз менен куралдуу душмандарды кууп чыгып, жолун бөгөйбүз деп айтканбыз. Жогорку бийлик эшолону биздин мындай демилгебизди колдомок түгүл, тоотпой койгон. Андан кийин аскердик коллегиянын мүчөсү катары мурдакы президентке кат жолдогом. Катта азыркы жүргүзүп жаткан саясатыңыз туура эмес, кичинекей куралдуу душмандар үчүн миллиондогон акчалар сарпталып, көптөгөн өлүм-житимдер болот дегем. Аскердик тактиканы мен айткандай кылыңыз, болбосо мен кызматтан өз каалоом менен кетем, деп айткам. Анда кызматтан кетсеңиз рапорт менен кетиңиз деп, мени бошоткон. Көпчүлүк учурда жооптуу кызматтарда туура эмес адамдарды чоң бийликке отургузуп коюп, алардын кесепетинен өлкө оор жагдайларга учурап, каражаттар да кетип, өлүм-житим да болгон.

- Учурда өкмөт тарабынан кыргыз армиясын камсыздоо, каржылоо жагы кандай болууда?

- Бүгүн деле кыргыз армиясынын абалы жакшы эмес. Себеби дегенде, мунун түбү биздин экономикабызда болуп атпайбы.Эгерде ошол кийимге бөлгөн акча каражаты 100 пайыз берилсе, жоокерлерибиз да 100 пайыз аскер кийимдери менен камсыз болуп, курсактары ток болот. Денсоолугу чың, күчтүү, чыдамкай болот. Эгерде бөлүнгөн акчанын 40 пайызы берилсе, жоокерлердин 40 эле пайызына жетип жатпайбы. Бирок биз келгенден кийин социалдык маселелерди биринчи орунга койдук. Аз убакыттын аралыгында аскер кызматкерлери жашаган жайлардын чатырын кайрадан жаап, оңдоп түзөө иштерин жүргүздүк. Бир катар офицерлер үйлүү болушту. Жоокерлердин тамак ашы жакшырды. Алдыда дагы далай чечилбеген проблемалар бар. Аларды чечүүгө бардык аракетибизди жумшайбыз.

- Маегиңизге ырахмат!

КЫЛКЫЛДАГАН КЫЗМАТ МАШИНЕЛЕРИ, АГЫЛГАН БЮДЖЕТ АКЧАЛАРЫ

Кыргызстандын Башкы прокурору жооптуу кызмат адамдары тийиштүү мыйзам менен мамлекеттик кызматчынын этикасын сактабай жатышканын эскертип, мамлекеттик машинелерин минип алып, үлпөт жайларда сайран куруп жүргөн аткаминерлерге сестүү эскертүү жарыя кылды. Башкы прокурордун ырасташынча, кызматтык иш сапардагы жетекчилердин айрымдары тосуп алгандардын эсебинен сый көрүшсө, башкалары болсо эс алуу жайларында шапар тээп жүрүшөт.

Кыргызстан эгемендикке чыккандан бери өзүн-өзү билип калган чиновниктердин алкын тыюу, тизгинин тартып коюуга мезгил жеткени такай айтылып келатат. Бийлик алмашып, өкмөт жаңылангандан кийин колго алына баштаган мамлекеттик башкаруу түзүмүн өзгөртүү аракети буга чейин жашырылып-жабылып келген чоң жаңылыкты ачып берди. Кыргызстандагы аткаминерлерди ары-бери ташыганга 6,5 миң автоунаа кызмат кылат. Анчалык автоунааны кармоого, айдоочусуна акы төлөп, бузулганын оңдоп, май куюп турууга мамлекеттик казынадан 650 миллион сом жыл сайын сарпталат. Ансыз да бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн төрттөн бирин сугунуп турган мамлекеттик башкаруу аппараты Кыргызстан экономикасына олчойгон оор жүк бойдон калууда.

Жаңы өкмөттүн сүйгүнчүк илдеяларынын бирине айланган коррупцияга каршы күрөшүү демилгеси жүрө-жүрө мамлекеттик кызматчынын жүрүм-турумун оңдоого, кедей өлкөдө опсуз чоң ачылып кеткен алкымды тыюуга багытталууда.
Аны президент К. Бакиев каадалуу жыйындардын баарында, маалымдоо каражаттарындагы маектеринде баса белгилеп келатат:

- Той өткөрүш болсо же бир чоңдун туулган күнү болсо, ага жылкы да табылат, арак да табылат, тамак-аш да табылат - бардыгы табылат. Мен ушуну белгилеп кетишим керек, биз башка жакка бурулушубуз зарыл. Той-тамаша менен алек болбой, элге жакын болуп, элдин турмушун көтөрүш үчүн эмне жасаш керек?

Мансабынан пайдаланып бекер сый-үлпөткө көнгөн аткаминерлердин жосунун токтотуш кыйын жумуш экенин, бул жаатта те советтик башкаруудан калган коммунисттик үгүт-насааттан өткөн ыктуу усул жок экенин башка бирөө эмес Кыргызстандын Башкы прокурору Азимбек Бекназаровдун өзүнүн ырастаган жайы бар.

- Бая илгери коммунисттер лекция окуп, агитация кылып, эмгек жамааттарына барып окушчу эле. Ошондой мамлекеттик программа менен чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү да зарыл.

Азимбек Бекназаров атын атабай, «керегем сага айтам, келиним сен ук» ишаарасын жасап жаткан кызматтык машинесин өзүмдүгүнөн бетер үй-бүлөсүнө иштетип, кечкисин үлпөт, сайран жайларында шарактап жүргөн аткаминер Башкы прокурордун сестүү эскертүүсүн окугандан кийин жүрүм-турумун оңдоп, мамлекеттик кызматчы тууралуу мыйзамды так сактап калышы деле күмөн.

Илимпоз Жусуп Пиримбаевдин ырасташынча, мамлекеттин өзүнүн так эсеп-кысабы болмоюн, аны ишке ашыруунун механизмин иштеп чыкмайын бул аракеттен майнап чыкпайт.

- А булар көзөмөл жүргүзбөй, смета менен келсе ойду-тоону карабай эле акчаны берип атса, ошондой да болчу беле? Ошон үчүн эсеп-кысап системасын жерге келтирмейинче, жерге коймоюнча бул иштер улана берет. Беш кол бирдей эмес. Баарысы эле бирдей ойлонбойт. Анын бирисинин чындап эле уят-сыйыты бар киши. Баарынын эле уяты жок деген да туура эмес. Ошолордун баарын бирдей коюш үчүн барына бирдей талап, шарт керек. Эгер талап болуп, аны сурап турса бул ишке ашчу нерсе. Мунун ишке ашышынын кыйын жагы да бар. Негизи 15 жыл ичинде бизде башкарууда жоопкерсиздик системасы түзүлүп калды. Жоопкерсиздиктин айынан 15 жыл ичинде кызмат абалынан пайдаланган бир да жетекчинин отчету болгон жок. Мисалы азыр баары эле үйүм жок дешет. Адвокат М. Максимович мурдагы президент бул жакка келет эле, бирок үйү жок дейт. Эми ушуга кайсы адам ишенет?

Коррупцияны ооздуктоо кыйын жумуш экенин туюнган жаңы өкмөт башкаруу аппаратын кыскартуу жолун ойлонууда. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов ушу тапта күжүлдөп иштеп жаткан 16 министрликтин санын дагы төрткө кыскартуу, 4 мамлекеттик комиссияны таптакыр жоюуну, 14 мамлекеттик агенттиктен 12син калтыруу сунушун билдирди. Өкмөт башчынын милдетин аркалап жаткан Феликс Кулов азырынча облустарды жоюуга эртелик кыларын, бул маселеге эки жылдан кийин кайрылууну туура көрүүдө. Парламенттин күзгү отурумуна чейин жаңы өкмөт башкаруу түзүмүн жаңылоо тууралуу сунушун даярдайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG