Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 16:12

Кыргызстан

ОШ: НААРАЗЫ АТУУЛДАР ОБЛУСТУК СОТТУ БАСЫП АЛУУГА АРАКЕТ КЫЛЫШТЫ

Кубанычбек Жолдошев, Ош Бүгүн 13-январда Ошто эки жүздөн ашык адам Ош облустук сотунун имаратын басып алууга аракет кылышты. Алар сот чечимине нааразы болуп, үч күндөн бери көчө акциясына чыгып жатышкан Папан айыл өкмөтүнүн тургундары болуп саналат. Облустук сот имаратын атайын даярдыктагы милиция отряды кайтарып турат.

Нааразылык акциясына чыккандар Папан айыл өкмөтүнүн башчысынан Медербек Мырзакуловду четтеткен сот чечимин жокко чыгарууну же кайра карап чыгууну талап кылышууда.

- Шайлоодо жаш кадр Мырзабеков Медербек көп добуш менен өткөн. Мурунку биздин айыл өкмөт, орунбасары экөө сотко берген. Сот адилетсиз экен, мурунку айыл өкмөт, мурунку жегичтердин пайдасына чечип койду – деди нааразылык акциясынын катышуучуларынын бири Тайырбек Токтомаматов.

18-декабрда болгон Папан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо Медербек Мырзабеков атаандашы, мурдагы айыл өкмөт башчысы Жаныбек Муратовду жеңип алган. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон талапкер Муратов Карасуу райондук жана Ош облустук сотторуна арыз менен кайрылып, сот чечими анын пайдасына чыккан. Медербек Мырзабековдун жактоочулары сотту акчага сатылган деп айыптап, акыйкат чечим талап кылышууда.

Мырзабековдун таламын талашкан адамдар Ош шаарында нааразылык акциясын үч күндөн бери өткөрүп жатышат. Алар өздөрүнүн талабы жазылган кайрылуу катын президент Курманбек Бакиевге дагы жиберишкен. Азыркы учурда панандыктардын талабын карап чыгуу мүмкүн же мүмкүн эмес экендигин Ош областтык соту билдире элек.

АЛКОГОЛЬ ТАРМАГЫ МАМЛЕКЕТКЕ ПАЙДА АЛЫП КЕЛБЕЙ ЖАТАТ

Кыргызстанда 18 арак, эки спирт заводу бар. Бирок кирешени мол бере турган бул ишканалар мамлекеттик казынага жарытып пайда бербей келатат. Учурда Жогорку Кеңеш тарабынан алкоголь продукциясын чыгаруучу ишканаларды лицензиялаштыруу маселеси көтөрүлүүдө.

Парламент спикери Өмүрбек Текебаевдин маалыматы боюнча спирттен 2004-жылы мамлекетке 18,7 млн. сом түшкөн, ал эми өткөн жылдын 11 айында болгону 13,6 млн. сом гана киреше кирген.. Табиятынан алкоголь тармагы кирешени мол бергенине карабай Кыргызстанда соңку жылдарда алкаголь чыгаруучу ишканалар чыгашалуу тармактардын катарына кирип калган. Төрага Өмүрбек Текебаев жакында мына ушул маселени көтөрүп чыкты:

- Тиешелүү комитеттер, депутаттар анализ жүргүзүп, арак заводдору бир дагы пайда алып келбегенин аныкташты. Ар дайым банкрот болуп келиптир. Бизде «Кыргызнефт», энергетика тармагы пайда алып келбейт. Эми алкаголь продукциясын чыгарган ишканалар да пайда алып келбегени болбогон иш болуп атат. Ошондуктан аталган ишканаларды эркин кылуу, мамлекет лицензиялоо жолу менен сапатына көзөмөл кылат деген концепция сунушталууда. Ал монополия болсо акциздик салыкты жыйнап алуунун өзгөчө бир тартиптерин, ошол монополиялык кырдаалдан пайдаланып жыйнаса деген идеялар айтылып атат.

Спикер Өмүрбек Текебаев алкоголь продукцияларын өндүрүүчү ишканаларды башкаруунун натыйжалуулугун көтөрүү максатындагы сунушун билдирди :

- Бул жерде абсолюттуу жүз пайыз монополия спирт өндүрүшүнө жана (аны) соода кылууну мамлекет өзүнө калтырып атат. Ал эми башка алкоголдук ичимдиктерди чыгаруу бардык менчик укугуна карабастан, монополиядан чыгарылып, белгилүү тартип менен лицензия боюнча калат,-деди Өмүрбек Текебаев.

Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин төрагасы Турсун Турдумамбетов алкоголь продукциясын өндүргөн ишканалар кирешелүү тармак экенин, анын мамлекеттин казынасына пайда келтирүү үчүн иретке келтирип, бул тармак боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү керектигин белгиледи.

Алкоголь тармагынан киреше кирбегенинин негизги себеби өлкө аймагына аткезчилик менен алынып келинген спирт ичимдиктери жана каттоодон өтпөгөн алкоголь ичимдиктерин чыгарган жеке менчик ишканалырынын көптүгүнүн кесепетинен болуп жатканын Мамлекеттик салык инспекциясынын жетекчиси Токтобек Акматов билдирди:

- Катуу көзөмөл кылбасак болбойт. Азыр биздин рынокто Казакстандын арактары, «самопал» арактар толуп кетти. Ош базарынын жанындагы үйлөрдө жашыруун цехтер каалагандай арактарды чыгарып атышат.

Токтобек Акматов белгилегендей Кыргызстандагы алкоголь ичимдиктеринин 44 пайыздан ашууну аткезчилик менен алынып келинет. Акциздик маркалар да чет мамлекеттерде чыгарылып, жергиликтүү өндүрүшчүлөр арзан баага сатып алышып, каалаганындай пайдаланышат. Ал эми жашыруун цехти финансы полициясы кармаганы менен болгону 200 сом айып пул тарттыруу менен гана чектелип калат экен.

Мамлекеттик алкоинспекциясынын жетекчиси Жекшен Жаманкуловдун айтымында, Кыргызстандагы лицензиясы бар 18 арак заводунун жабдыктары эскирип, талапка жооп бербейт. Алкоголь ичимдиктерин өндүрүүчү ишканалар чыгашалуу тармак болуп, базар экономикасында башка кошуна өлкөлөр менен атаандаша албай калган. Ал аткезчилик абдан көбөйүп кеткенин белгиледи:

-Аткезчилик менен күрөшүүнүн бир жолу катары спирт ичимдиктерин сатуучу атайын дүкөндөрдү ачууну сунуштап атабыз.

Жекшен Жаманкуловдун пикиринде, Бишкектин көчөлөрүндөгү майда «камоктордо», соода түйүндөрүндө арак сатууга тыйуу салып, алкоголь ичимдиктерин сатуучу атайын дүкөндөрдү ачуу менен өкмөт көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, андан түшкөн киреше көмүскөгө кетпей, мамлекеттик казынага түшөт.

ШААР ПРОКУРОРУ ПРЕЗИДЕНТТИН БЕДЕЛИНЕ ДОО КЕТИРДИБИ?

Президент Курманбек Бакиевдин абийир, ар-намысын коргоо максатында айрым журналисттерге жана саясатчыларга Бишкек шаар прокурорунун берген эскертүүсү коомчулукта аша чабуу катары сыпатталып жатат. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы муну өлкөдөгү кризистик жагдай үчүн жоопкерчиликти мамлекеттик органдар маалымат каражаттарынын мойнуна коюу аракетин жасап жатат деп баалады.

Журналисттерден президенттин укугун коргоо аракеттери эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жаткан жок. Мурдагы бийлик тушунда ушундай негиздеме менен алгачкылардан болуп «Республика» гезитинин редактору Замира Сыдыкова кылмыш жазасына кирептер болгону бар. 2005-жылы ал кездеги президент Аскар Акаев «Моя столица новости» гезитине жарыяланган материалдарды ага каршы маалымат террору катары балап, гезитти жана журналисттерди сотко берерин жергиликтүү телеберүү аркылуу элге жарыялаган:

- Гезиттин багыты байма-бай мага жана менен үй-бүлөмө жалаа жапкан маалыматтык террорго айланып отурат.

Аскар Акаевден айырмаланып, Кыргызстандын экинчи президентинин абийир ар-намысын коргоо милдетин Курманбек Бакиев өзү эмес, Бишкек шаардык прокуратура өзүнө алды. Прокурор Учкун Каримовдун айтымында, айрым басма сөз каражаттары текшерилбеген маалыматтарды таратуу аркылуу президенттин абийирине, ар-намысына доо кетирип жатышат. Бул «Маалымат каражаттары жөнүндөгү» мыйзамга каршы келет жана Кылмыш кодексине ылайык 3 жыл эркинен ажыратууга чейинки жазаларга кабылат. Ошондуктан, прокурор мыйзам бузууга жол берүүгө болбой тургандыгын белгилеп, «Лица» гезитинин баш редактору Бермет Букашевага, «Комсомольская правда в Кыргызстане» гезитинин баш редактору Александр Кулинскийге, саясатчылар Кабай Карабековго, Анвар Артыковго, Кубанычбек Апаска эскертти. Эскертүүнү шаар прокурору аталган гезиттерге президентти коррупцияга, кылмыштуу иштерге аралашты деген пикирлер басылгандыгы менен негиздеди:

- Жок, цензура эмес бул. Мыйзам менен иштейли деп атабыз биз.

Шаар прокурору өз чечимин ушинтип негиздегени менен, коомчулукта бул чара маалымат каражаттарын ооздуктоо жана сөз эркиндигине кысым көрсөтүү катары сыпатталууда. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы тараткан билдирүүдө, маселен, бул саясий эркиндикке кол салуу катары бааланып, президентти прокуратура кызматкерлеринин билдирүүлөрүн жокко чыгарып, өлкөдө конституциялык эркиндиктерди жана укуктарды кепилдөөгө чакырды.

Шаар прокурорунун аракеттерине байланыштуу президент Курманбек Бакиевдин атынан эч кандай билдирүү таратыла элек. Президенттин карамагындагы укук коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун болсо шаар прокурору колдонгон чарага Курманбек Бакиевдин эч кандай тиешеси жок экендигине бекем ишенимде экенин кабарлады:

- Бул жерде президент Бакиев журналисттерди куугунтуктоо, жаза колдонуу, өзүн-өзү сактоо үчүн атайын уюштурган акция эмес. Биздин комиссия шаар прокурорунун аракетин колдобойт. Прокурор Каримов президентти коргоо, колдоо аракетин жасоо менен, президентке жакшылык кылган жок. Тескерисинче, Кыргызстандын эл аралык имиджине доо кетип атат. Анткени, Кыргызстан эл аралык макулдашууларга кол койгон.

Эскертүу алган саясатчылардын бири, Ош облусунун экс-губернатору Анвар Артыков шаар прокурору колдонгон чараны диктаторлук аракеттин башталышы катары санайт:

- Бийликтин сыналган эки эле усулу бар. Биринчиси, сатып алуу, экинчиси коркутуу жолу. Диктатордук так көрүнүш ушундан башталат. Башка ой пикирди эч качан кабыл албайт. Баарын өзүнө алып, бийликтен башканын баары туура эмес деп бааланат. Оппозиция деген сөздү булар таптакыр кабыл албайт.

Саясат таануучу Карыбек Байбосунов узак жыл күрөшүп бийликке жеткен президент сынга чыдоого милдеттүү. Бул өңүттөн алганда эски адатты ириде аша чапма тартип коргоочулар жаңыртып жатат:

- Биздин укук коргоочу органдар арасында өзүнө тиешеси жок миссияларды өзүнө алып алгандар көп болуп атат. Ошолордун бири - баягы эле эски оору. Тыюу салуучулук, адамдардын оозун жабуучулук сыяктуу эски ооруларды булар кайрадан жандандырып атышат. Ал туура эмес.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы баштаган бир катар бейөкмөт уюмдар мындай жагдайдын түзүлүшүн президенттин абийир, ар-намысын коргоо жаатында өзгөчө укуктардын берилиши менен байланыштырышууда. Ошондуктан, алар президенттин укугун бардык башка жарандардын укуктары менен теңештирүүнү каалашат. Ал эми башкы прокурор Камбараалы Конгантиев маркум депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу парламентте сүйлөгөн сөзүндө президент сыяктуу эле Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер министр өңдүү мамлекеттик ишмерлердин да абийирин, ар-намысын коргоо зарылчылыгы барын белгилеген.

МЕКЕДЕН КАБАР: ШАЙТАНГА ТАШ АТУУ УЧУРУНДА НАБЫТ БОЛГОНДОРДУН АРАСЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ЧЫГА ЭЛЕК

Кожогелди Култегин, Бишкек. 12-январь – бейшемби күнү Жамарат аймагында болгон шайтанга таш атуу жөрөлгөсү маалында элдин эсепсиз көптүгүнөн адамдарды тебелеп кетүү кырсыктары катталган жана андан 300дөй адам набыт кетти деген маалыматтар тарады. Кырсык баскандардын арасынан кыргызстандык зыяратчылар чыга элек.

Жума күнү эртең менен «Азаттык» менен телефон байланышында болгон Мекедеги Кыргызстандын ажылык штабынын мүчөсү Даут Абы уулу кырсыктагандардын арасында кыргызстандыктар жок экендигин билдирди:

Кыргызстандык ажылар менен мүмкүн болушунча байланышуу, түгөлдөшүү аракетиндебиз. Ар ким ар жерде. Көпчүлүгү менен телефон аркылуу байланыштык. Кудайга шүгүр, азыркыга чейин жанагы кырсыкка кабылгандардын арасында кыргызстандыктар жок деген маалымат менен турабыз.Бүгүн тактоо иштери толук жүргүзүлөт.

Даут Абы уулунун пикиринде кырсыктын чыгышына зыяратчылардын өздөрү күнөөлүү:

-Бул жерде эң биринчи күнөө - ошо ажылардын өздөрүндө. Себеби, ажы министрлиги кайсыл топ кайсы күнү саат канчада Жамаратка барып шайтанга таш ыргытышы керек экендигинин графигин илип койгон. Ал график Минадагы чатырларга чейин илинген. Ал тургай орус тилинде да илинген. Ошол графикти аткарышпагандыктан эл эбегейсиз көбөйүп кетип, ушул кырсык болуп атат. Көп маалыматтар бүгүн белгилүү болот. Кечээ – шайтанга таш ыргытуунун акыркы күнү болчу. Ар ким үлгүрүп бүтүп калыш үчүн шашылып – ушул иш болуп атат.

«ТАСМА»: КИНО ТАРЫХЫНДАГЫ «ЭҢ БАЙ» ФИЛЬМДЕР, КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КИНОПРОКАТ ЖАНА КИНОТЕАТРЛАРДЫН АБАЛЫ

Төрөкул Дооров, Москва. Эми назарыңыздарда «Азаттыктын» ар аптанын бейшемби күндөрү обого чыкчу «Тасма» программасы. Бул жолу берүүнүн автору Төрөкул Дооров кино тарыхында кассаларда эң көп акча топтой алган фильмдер жөнүндө айтып берет. Сиздер ошондой эле Кыргызстандагы кинопрокаттан алынган соңку кабарларды угуп, өлкөдөгү кинотеатрлардын абалы тууралуу Жаннат Токтосунованын атайын макаласын уга аласыздар.

ШЕРИКТЕШТЕР КУБОГУНА “ДОРДОЙ-ДИНАМО” КОМАНДАСЫ БАРДЫ

Кабыл Макеш,Бишкек. Ар жыл сайын футболдон Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондорунун кубогу Москвада январь айында өткөрүлүп жүрөт. 13-январда Шериктештер кубогунда Кыргызстандын намысын коргоо үчүн Нарындын “Дордой- Динамо” командасы аттанып кетишти. Быйыл алардын атаандаштары кимдер болмокчу?

Быйыл да чемпондугун сактап калган Нарындын «Дордой- Динамо» командасы Шериктештер кубогунда биринчи беттешүүнү 14-январда Түркмөнстандын чемпиону МТТУ командасы менен өткөрөт. Экинчи оюн 15-январда Молдованын чемпиону «Шериф» командасы менен болмокчу. «Дордой- Динамо» командасынын чечүүчү таймашы 17-январда Украинанын былтыркы чемпиону «Шахтер» командасы менен болмокчу. Мына ушул атаандаштарын жеңсе гана чейрек финалга катышууга укук алат.

Москвага аттанаар алдында «Дордой-Динамо» командасынын жарым коргоочу жана чабуулчулары менен байланышканыбызда , таймашуулар курч болоорун, айрыкча украиналыктар күчтүү экенин айтышты.

Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор кубогуна Нарындын «Дордой- Динамо» командасы кандай даярдык көрүп жаткандыгы тууралуу «Дордой» спорт клубунун жетекчилеринин бири Шаршен Касенов мындай деди:
-«Көкжардагы» жасалма кыртыштуу футбол талаасы кар алдында калып, муз болгондуктан машыгуу үзгүлтүккө учурады. 2 күндөн бери гана толук машыгууга мүмкүндүк болуп, жасалма кыртыштуу талаада оюн өткөрдүк. Москвада дагы мына ушундай жасалма футбол аянтында таймашуулар болмокчу. Ошондуктан күнүгө 2 маал машыгуу өткөрүп, эс алуудан кийин жигиттерди табына келтирүү аракетинде болуп жатабыз. Москвада атаандаштардан апкаарыбай, колдон келишинче, алдын жетишинче ойнойбуз. Калганын мелдеш көрсөтөт.

Быйыл өлкөнүн мыкты футболчусу аталган «Дордой- Динамо» командасынын жарым коргоочусу Руслан Сыдыков Москвада намысты сактоого аракет кылышаарын айтып, мындай деди:
- Даярдык жакшы. Буйурса жакшы оюн көрсөтүп, кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн актоого аракет кылабыз. Атаандаштар да күчтүү командалар. Биз эмнеге жөндөмдүү экенибизди көрсөтүүгө аракет кылабыз.

Футболчулардын машыгуулары үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн команданын мүчөсү Марлен Касымов айтуу менен футболдун деңгээли өлкөнүн экономикалык абалына байланыштуу экендигин белгиледи:
- Аз убакыт калды. Дагы даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Машыгуулар үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылып жатышат. Биздин негизги аттаандаштардын чеберчилиги, деңгээли жогору. Кыргызстандагы экономикалык жагдай дагы футболго таасирин тийгизет.

Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор кубогуна катышкан Кыргызстандын командалары ар жыл сайын ири эсеп менен утулуп, уят болгонун өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов айтып, быйыл да үмүттү «Дордой» командасы актай албайт деди:
- Жок дегенде быйыл бир жолу тең чыгып келсе деп тилек кылып турабыз. Жыл сайын ири эсеп менен жеңилип келишип, ишенич акталбай келатат. Быйыл өз тобун утуп, чейрек финалга чыкса деген үмүт дагы акталбай калат го. Ушундай чоң мелдештерге катышып турса гана футболдук чеберчилик жогорулайт. Негизи футболго мамлекеттик деңгээлде жардам, колдоо керек.

Нарындын «Дордой- Динамо» командасынын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов негизги оюнчуларынан сырткары да башка командалардан кошумча футболчуларды катарына кабыл алды. Мурда Кыргызстандын намысын коргоп, чемпион катары таанылган, кийинки учурда Казакстандын футбол клубдарында ойноп жүргөн Игорь Кудренко менен Сергей Калюбин “Дордойго” кошулду. Учурда Орусияда жашап, Тамбов шаардык командасынын дарбазасын коргоп жүргөн Валерий Кашуба Шериктештер Кубогунда “Дордой” командасына кабыл алынды.
13-январда “Дордой- Динамо” командасын аталган футбол клубунун жетекчилери Улугбек Салымбеков менен Рысбек Мааткабылов жана башка футбол күйөрмандары коштоп барып, бардык шартын түзүп берүүгө аракет кылышууда.

Учурда ФИФАнын курамында 232 өлкө мүчө. Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1992-жылдан бери ФИФАга мүчө катары эл аралык мелдештерге катышып жүрөт. Ошондой эле он төрт жылдан бери өлкөнүн жеңүүчүлөрү Москвада өтүп жүргөн Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор кубогуна катышып келүүдө. Ушул жылдар аралыгында кыргыз футболчулары чеке жылытаарлык ийгилик жарата албады. Мурдакы жылы Кыргызстандын чемпиону болгон Карасуунун «Жаштык- Ак алтын» командасы Шериктиштик кубогуна катышып, алдыңкы топко кошулган эмес. Былтыр өлкөнүн чемпиондугун жеңип алган Нарындын «Дордой- Динамо» командасы Шериктештер кубогуна катышып, өз тобунан чыга алган эмес.

ПРОКУРАТУРА БАКИЕВДИ СЫН-ПИКИРЛЕРДЕН КОРГОЙ БАШТАДЫ

Бишкек шаарынын прокурору Учкун Каримов айрым журналисттерге жана саясатчыларга президент Курманбек Бакиевдин кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирген маалыматтарды таратып жаткандыгы тууралуу эскертүү жасады. Прокуратуранын мындай кадамын коомчулук өлкөдө сөз эркиндигин ооздуктоо катары жана оппоненттерди куугунтуктоо катары баалоодо.

Бишкектин прокурору Учкун Каримов “АКИпресс” маалымат агенттигинде айткан сөзүндө кийинки учурда айрым массалык маалымат каражаттары президент Курманбек Бакиевдин кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирген маалыматтарды таратып жаткандыгын белгилеген:

-Массалык маалымат каражаттарында президенттин дарегине текшерилбеген жалаа сын пикир маалыматтар жарыяланууда. Биз деле жөндөн жок эле эскертүү бере бербейбиз да. Биздин суранганыбыз, маалыматты текшерип бериңиздер. Гезитте жазылган маалыматтар чындыкка жатпайт.

Учкун Каримовдун айтымында президенттин кадыр–баркын коргоо прокуратуранын милдети, ошондуктан анын эскертүүсү мыйзамдын чегинде жасалып жатат:

-Мындай эскертүү кылууга “Президенттин кадыр-баркын жана ар-намысын коргоо боюнча” мыйзамга ылайык биз милдеттүүбүз.Бул тууралуу өзү президент билеби, билбейби биздин маалыматыбыз жок.

Прокурор президенттин кадыр-баркын жана ар-намысын мыйзамдын негизинде коргоп жаткандыгын айтса дагы, “Медиа өкүлчүлүк” институтунун башкы юристи Илим Карыпбековдун пикиринде прокуратуранын бул кадамы Конституцияга каршы келет :

-Конституцияга ылайык, Кыргызстанда ар бир атуул - чиновник болобу, жөнөкөй адам болобу, социалдык статусуна карабастан тең укуктуу. Ал эми “Президенттин кадыр баркын жана ар-намысын коргоо боюнча” мыйзам бул такыр Конституцияга дал келбейт. Анткени, президент деле Кыргызстандын жараны. Мына башкы прокурор Конгантиев да бул маселени Жогорку Кеңештен көтөргөн эле. Ал жалгыз гана президенттин эмес, премьер-министрдин, төраганын кадыр баркын жана ар-намсын коргой турган мыйзам кабыл алынышы керек деп айткан. Менин оюмча, бул да туура эмес, анткени мындай мыйзам такыр эле болбошу керек. Ал эми кадыр баркты коргоо-бул жеке бир адамдын арызынын негизинде болушу керек.

Ал эми президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев прокуратура органдары мыйзамдын алкагында иштеп жаткандыгына ишенет:
-Мыйзамда көрсөтүлгөн укутар жана милдеттер президентке маалым болбостон аткарылышы керек.

Президенттин кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратып жатат деп шаар прокуратурасы “Лица” гезитине берген интервьюсу үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Кабай Карабековго, “Комсомольская правда Кыргызстан” гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Александр Кулинскийге, “Лица” гезитинин башкы редактору Бермет Букашевага, “Лица”гезитине берген интервьюсунда президентти сындаганы үчүн Ош областынын мурунку губернатору Анвар Артыковго жана саясатчы Кубанычбек Апаска эскертүү берди.

“Лица” гезитинин башкы редактору Бермет Букашева прокуратуранын мындай кадамын журналисттерди коркутуу, сөз эркиндигин басмырлоо катары баалайт:

- Биринчиден биз эскертүүдө жазылгандарга макул эмеспиз. Биз мындай эскертүүлөрдү Акаевдин мезгилинде да алган эмеспиз. Оппозиция болуу биздин максат эмес. Бул жерде маселе башкада, эскертүүнүн өзүн прокуратура бердиби же Ак үйдүн буйругу менен болдубу?.. Бул маселеге президент Бакиевдин эч кандай тиешеси жок деген үмүтүм бар. Анткени, ал деле эски бийлик мезгилинде сөз эркиндиги тууралуу өз пикирин айткан эле. Биз азыр билгенибиздин ондон бир бөлүгүн гана жазып жатабыз. Ошону үчүн бизге рахмат айтышсын.

Ошондой эле Бермет Букашева балким мындан ары бийлик башында тургандарга сын пикирди курчутуш керек деген оюн кошумчалады.

“Медиа өкүлчүлүк” институтунун башкы юристи Илим Карыпбеков да прокуратуранын президенттин дарегине сын-пикир айткандарга эскертүү бериши сөз эркиндигин басмырлоо болуп саналат деген оюн айтты:

Прокуратуранын мындай кадамын журналисттерди коркутуу, мындан ары президенттин дарегине сын-пикир материалдарды жазганды токтокула дегенди түшүндүрөт. Бул албетте сөз эркиндигин басмырлоо деп түшүнсө болот. Демократиялык өлкөдө бул өтө терс көрүнүш.

Ал эми “Комсомольская правда-Кыргызстан” гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Александр Кулинский бул маселе боюнча кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартты. Акыйкатчынын орун басары Садык Шернияз болсо мындай эскертүү түпкүлүгүндө жагымсыз көрүнүш болду дейт:

Бул албетте терс пикирлерди туудурат, анткени сөз эркиндигин басмырлоо, журналисттерди куугунтуктоо катары бааласа болот.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов прокуратура мындай кадамы менен өзүнүн кызматын актап, бийликке жагынып жатат деген ойдо:

Сынга алып жаткан Акаевдин учурунда мындай болгон эмес. Эми прокурорлор кызматка келгенин акташы керек да.

Прокурор Учкун Каримов эгерде мындай эскертүүлөр эске алынбай, сын-пикирдеги макалалар жарыялана берсе ал президент Курманбек Бакиевдин атынан аны сындагандарды сотко берээрин да билдирген.

Кылмыш кодексинде бирөөгө жалаа жапканы үчүн 100 минималдык айлык акы өлчөмүндөгү штраф же болбосо 3 жылга эркинен ажыратуу каралган.

АРТКА КЫЛЧАКТАБАЙ, АЛДЫГА УМТУЛУУ КЕРЕК

Өсөр эл өткөнүнө көп буйдалбай, келечекке умтулат. Ансыз өнүгүү болбойт. Ушу тапта Кыргызстан кандай улуттук идеологияны кармануу зарылдыгын ойлонуп отурган кези. Улуттук идеологиядан мурун экономикалык стратегияны аныктап алуу зарыл. Азырынча Кыргызстанда улуттук идеология да, экономикалык стратегия да тактала элек.

Бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков менен болгон маекти жарыялады. "Мамлекетте укук багыттар болушу абзел, баарысы президенттен тарта жөнөкөй адамга чейин мыйзамды урматтоого көнүшү керек. Жалпы адамзаадалык дөөлөттөрдү бекем карманып эле көп өлкөлөр байгерликке жетишти. 15 жылдан бери өнүгүүнүн биртоп жолдору тууралуу кыялданып келаткан Кыргызстанда өз алдынча өнүгүү аракети жасалбай келди",- дейт И.Абдуразаков. - "Бай өлкөлөрдүн баарынын калкы эмгекчил, мээнеттен качпайт. Бизде болсо бирөө мээнет кылып бутуна тургузган белен ашты тартып алуу адаты эмдигиче жоюла элек. Качан биз өз алдыбызча өнүгөбүз деп күтүп отурбай ар ким өзүнөн баштоосу зарыл, адеп-ыймандык эреже-тартипти бекем карманып, шымаланып ишке кириши гана калды." И.Абдуразаковдун ырасташынча, реформаны мамлекет башчылары өзүнөн башташы керек.

«Бакиев кыргыз Ататүркү болуу шыбагасынан куру калды», деп жазат бейшембидеги «Лица» гезити. Парламент депутаты Мелис Эшимкановдун пикири боюнча, азыркы президент К.Бакиевдин «коомдук системаны түп-тамырынан өзгөртүү мүмкүнчүлүгү бар эле». Бирок аны ал учурунда пайдалана албады. Өлкө аз-аздан бөлүнүү, кландардын урушуна кирип, коррупцияга белчесинен батып отурат.

"Башкаруунун президенттик же парламенттик формасынын ийгилик-мүчүлүштүктөрү толтура. Бирок да европалык парламенттик тажрыйбаны колдонсок эле майкөл-сүткөл жашап калабыз, деш деле туура эмес. Европа менталитети, саясий маданияты башка", дейт Муратбек Иманалиев.

Парламенттик башкаруу формасына өтүштү же өтпөштү калк өзү билет деп жаңы бийлик да референдум өткөрүүгө даярданууда. "Учурунда А.Акаев элдин пикирин кандай айттырып келгенин азыркы бийликтегилер жакшы эле билишет. Быйылкы жыл бюжетинин социалдык курулушка делген акчасы мына ушул референдумга коротулат" деп белгилейт Жолдошбек Зарлыкбеков жума күнкү «Агым» гезитиндеги «2006-жыл. Бюджет. Жашообуз жеңилдейби?» деген макаласында.

Кыргызстанда калаты мамлекеттик модель түзүлүп жатканы жума күнкү «МСН» гезитиндеги Замир Өсөров менен Эсенбай Нурушевдин маегинде баяндалган. Ушул эле гезитте журналист Вячеслав Тимирбаев жаңы бийликтин экономикалык аракет-кыймылы көпчүлүк күткөндөй болбой жатканы тууралуу ой жүгүртөт. Макала «Үмүттүн билиги үзүлбөйт» деп аталат.

«Биздин өлкөдө эмне болуп жатканын түшүнүш кыйын. Улуттук олимпиада комитетиндеги кайсы бир кызмат үчүн адамдар бирин-бири өлтүрө башташса, бул өтөле коркунучтуу». Белгилүү спорт чебери Раатбек Санатбаевдин курман болушу, аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты тууралуу материалдар топтому апта соңундагы гезиттердин баарында баяндалды. Бейшембидеги «Алас» гезити: «Кыргыз туу көтөргөн уулунан айрылды», жума күнкү «Кыргыз руху» гезити: «Элдик уулду элдин душманы гана өлтүрөт», «Агым» гезити: «Бишкек Чикагого айланды. Же Раатбек Санатбаевге тиш кайрагандар кимдер?»

«Кыргыз руху» гезити жаңы санында бейөкмөт уюмдар коалициясынын лидери Эдил Байсаловдун «Мен шаркырап агып келе жаткан таза суунун бир тамчысымын» деген маегин жарыялады. «Калк коррупция мурдакыдан эки эсе өстү, милициянын, башка органдардын карапайым калкка болгон мамилеси Акаевдин убагындагыдан өтөт, кыйноо, сабоо, баягы камак дейт. Элди тоноп, ичип-жеп келген адамдар дагы деле жыргалчылыкта жашап жатышат дейт. Баарынан дагы кечээ эле Акаевдин камчысын чаап жүргөндөр революция жөнүндө көп сүйлөшөт экен», дейт Э.Байсалов.

Улуттук дөөлөт, рухий мурас, улуу кыргыз көчү коомдук фонддун иши, алдыдагы максаттары тууралуу кеңири материал жума күнкү «Аалам» гезитинде жарыяланды. Ушул эле күнкү «Жаңы ордо» гезитинде жазуучу Асанбай Жусупбеков «Азимбек Бекназаров экөөбүз бири-бирибизди кучактап алып көпкө ыйладык» деген маегинде бийликтин маданият ишмерлерине мамилеси тууралуу кеп кылат. А.Жусупбеков «Курманбек баатыр» дастанын жазган, айтылуу Жеңижоктун чыгармаларын эл оозунан жыйнаган. Мурдагы бийлик бапыраган той-топурду жакшы көрчү, дейт А.Жусупбеков.

ЖАЛАЛАБАТТА КАР КАЛЫҢ ТҮШҮП, ЖОЛ ЖҮРҮҮ КЫЙЫНДАДЫ

Ырысбай Абдраимов, Жалалабат Жалалабат облусунда алгачкы калың кар 10-11-январда түштү. Чаткал районунда кардын калыңдыгы бир жарым метрге жетип, Чаткал-Алабука унаа жолу эки күндөн бери жабык. Облустун борбордук райондорунда 30-50 сантиметр кар жааса да, жолдор тазаланбай, унаа каражаттары жолго аз чыгып, айрым жарандар жумуштарына жөө келишти. Жеке менчик автоунаа ээлери жол кире акысын 35 пайызга дейре кымбаттатышты.

Облустан 450 чакырым ыраак турган Чаткал районунда 21 миң калк жашайт. Чаткалдыктардын турмушу көбүнесе коңшулаш Алабука району жана Өзбекстан менен байланыштуу. Алабука-Чаткал жолунун танабында турган Чапчыма ашуусуна бир жарым метр кар түшүп, күрткүнүн айынан жол 10-январда жабылган. 2 бульдозер гана кар сүргөндүктөн жолдун качан ачылаары белгисиз. Борбордук райондорго жарым метрче кар түштү. Бирок, Ош-Бишкек жана ички жолдордо унаа каражаттары аз, Жалалабат-Сузак маршрутунан бөлөк жерде жол тазаланбады. 11-январда район борборундагы жумуштарына жөө жөнөгөн Ноокендик жарандарды учураттык:

- Транспорт бүгүн жүрбөдү, турганыбызга бир саат болуп калды. ишке жөө кетип атабыз. Жардам бере турган эч ким жок, өзүбүзгө ишенип, жөө басып кетип атабыз - дешти алардын Майрам жана Ырысбек аттуу өкүлдөрү.

Облустун райондорун тейлеген Жалалабаттагы автоишкананын бөлүм башчысы Мамадалы Кадырбаев жолго бардык унаа чыгарылганын айтат:

- 27 чыгуучу жол бар. Каракөл, Алабука, Кербен, Ташкөмүр баарын чыгарып атабыз.

Айдоочулардын ою боюнча жол сүрүлбөй, кар эритчү каражаттар төгүлгөн жок. Губернатордун орунбасары Айбек Акбаров Топуракбел ашуусунан өтчү жолдо эки грейдер иштеп жатканын билдирди:

- Азыр бизде Алабука, Жалалабат, Сузак райондорунун тегерегинде катуу кар жаап, жол жабылып атат. Техникалар жолдорду тазалап жакшы иштеп атат. Түнү менен Сузактын тегерегин сыпучий материалдарды сеп, жолду тазалашты. Облус боюнча бардык ДЭУларга күйүүчү материалдар берилген.

Жүргүнчүлөр үчүн жакшы шарт түзүлбөгөндүктөн жекемeнчик автоунаа ээлери жол кире акыларын 35 пайызга көтөрүштү. Жалалабат шаар ичинде да кичи автобустар аз болгондуктан менчик унаалар эки эсе кымбат акы алышкан. Акчасы аз жана кары-картаң адамдар шаарга жөө келишкенин Мээрим Айтманбетова да байкаган:

- Жумушуна кете албай бир сааттап тургандар болду көчөдө. Бир эле транспорт каттаган. Жолдо сууката калгандар болду. Жеке транспорттор кымбаттады.

ӨЗГӨНДӨ ӨТКӨН КУРУЛТАЙДАН ЧЫР ЧЫКТЫ

Кубанычбек Жолдошев, Өзгөн 12-январда Өзгөн шаарында өткөн элдик курултай бир катар чыр-чатактар менен коштолду. Буга бир күндө бир имаратка элдик курултайдын да, райондук активдин да чакырылып калгандыгы себеп болду. Бир канча убакыт үзгүлтүккө учураган курултайдын катышуучулары мамлекет саясатында кетип жаткан кемчиликтерди четтетүү тууралуу коомчулукка, президентке жана парламентке кайрылуу кабыл алышты.

Эртең мененки саат он бирлерге жакын Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдына элдик курултайга жана райондук активге эки башка максатта чакырылган адамдар толуп кетип, алардын ортосунда тирешүү пайда болду. Март ыңкылабына катышкан бүгүнкү элдик курултайды уюштуруучулардын бири Жээнгүл Солтоева райондук активге чогулган адамдарга нааразы оюн билдирди:

- Мен мартта көз жаш төгүп ыйлап жүргөмүн. Ошол мезгилде жалаң сары тумак, эски калпак, оңгон жоолук салынгандар келип аткан. Бүгүн мен карап отурсам жалаң эле норка тумак кийгендер, курсагы жоондор келип алыптыр. Мен булардын келишин каалабайм.

Андан соң курултайды уюштуруучулар райондук активди атайлап ушул күнгө дайындады деп жергиликтүү бийликти айыптап, активге чакырылгандарды залды таштап чыгып кетүүлөрүн суранышты. Ага экинчи тарап да ызы-чуу менен жооп берди.

Абалды көзөмөлгө алууга аракеттенген Ош облусунун жетекчиси Адам Закиров активдин катшуучуларын да, элдик курултайдын делегаттарын да биримдикте чогуу бир жыйналыш өткөрүүгө чакырды:

- Райондук, облустук, мамлекеттик деңгээлде бардык көйгөйлүү маселелерди ачык айтып, сүйлөшүп, кеңешип чечип, алдыга максат койсок деп келдик. Ал эми кээ бир түшүнбөгөн жолдоштор саясат кылып атышат. Саясат бүттү эми эл жөнүндө ойлонолу. Кантип айдалбаган жерди айдаш керек, кантип элдин турмушун оңдошубуз керек.

Курултайга мейман катары чакырылган Топчубек Тургуналиев элди экиге бөлүп-жарып жатасыңар деп жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн кагып өттү:

- Мен мындай нерсени жактырбайм. Ачык айтып коеюн, эмне үчүн жетекчилер элди экиге бөлүп, актив деп чакырып туруп элди сүрүштүрүп атасыңар. Ошондуктан Адам мырза мындан кийин бөлүп-жарылууну токтотолу. Эгерде макул болсоңор жуимушчу топ келсин, ошондо актив деп, курултай деп келгениңер да отургула.

Бир канча убакытка созулган талаш-тартыштан соң, биргеликте курултай өткөрүү маселеси чечилди. Анда чыгып сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү коррупциянын өсүп жаткандыгын, кадр саясатынын таза эместигин жана бийлик органдарынын шалаакылыгын айтышты. Жогорку Кеңештин депутаты Садырбек Жапаров болсо айтылган ойлорго пикирдеш экендигин айтуу менен системанын өзгөрбөй жаткандыгына кейиди:

- Азыр баардыгы тайаке, жээн, ага, үкө болуп калган. Депутат чыгып атса коочулукка билдириш керек ичкен-жеген адамдарды бул депутат колдоп атат деп. Аны дагы эл билиш керек. Oшондо гана коррупцияны жеңип, элдин жакшы турумушуна келебиз. Эгер антпей Курманбек Бакиев да унчукпай турса, элди соруп келген чиновник дагы да соруп, аягында барыбызды сазга алып барып тыгат.

Курултайдын аягында анын катышуучулары коомчулукка, мамлекет башчысына жана парламентке 12 пунктан турган кайрылуу кабыл алышты. Анда кетирилип жаткан кемчиликтерди тез арада оңдоо, калктын социалдык абалын көтөрүү жана кадр саясатын жолго коюу маселелери айтылат.

КАЧКЫНДАРДЫ ӨЗБЕКСТАНГА КАЙТАРУУГА ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАР КАРШЫ

Азиза Турдуева, Бишкек Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча башкармалыгы эгер Кыргызстан төрт өзбек качкынын Өзбекстанга кайтарып берсе ал эл аралык милдеттенмелерин аткаруудан баш тартканга жатат деп эскертүүдө. Качкындарга байланыштуу эл аралык милдеттенмелерин аткарууну кыргыз бийлигинен укук коргоочулар да талап кылып жатышат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча башкармалыгы 9-январда кыргыз бийлигине жолдогон кайрылуусунда качкындарды Өзбекстанга өткөрүп берсе, Кыргызстан БУУнун качкындар жөнүндөгү Конвенциясын, кыйноолорго каршы Конвенцияны жана башка эл аралык мыйзамдарды буза тургандыгын эскерткен.

Өткөн жылдын июль айында Миграция департаменти төрт өзбек бозгунунун качкын макамын берүү боюнча арызын четке какканына байланыштуу «Адилет» укук коргоо уюму Бишкектеги сот органдарына кайрылган. Бишкек район аралык соту Миграция департаментинин чечимин карап чыгып, аны мыйзамсыз деп бүтүм чыгарган. Бирок, андан кийин бул иш Бишкек шаардык сотунда каралып, район аралык соттун чечими жарабай калган. Ошондон кийин «Адилет» укук коргоо уюму декабрь айынын аягында Жогорку сотко арыз жолдогон.

Жогорку сотко 29-декабрда берилген. Бирок, арыз азырынча Бишкектеги район аралык сотто. Биздин маалымат боюнча эртең-бүрсүкүнү Жогорку Сотко жолдолот. Жалпысынан качкындар боюнча эл аралык Конвенцияга жана башка мыйзамдарга ылайык, Кыргызстан төрт качкынды Өзбекстанга өткөрүп бербеши керек , - деди «Адилет» уюмунун өкүлү Хурниса Махадинова.

Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар да бийликтен качкындарды Өзбекстанга кайтарып берилбешин талап кылышууда. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эдил Байсаловдун айтымында эгерде Кыргызстан демократиялык өлкө болом десе, эл аралык коомчулуктун алдында алган милдеттенмелерин аткарууга тийиш:

Биз башынан эле ушуну кыргыз бийлигинен талап кылып жатабыз. Жырткыч, авторитардык режимден качып келген өзбек бозгундарын кайрадан Каримовдун бийлигине өткөрүп берүүгө болбойт

Учурда саясий баш паанек издеп Бишкекте жүргөн өзбекстандык атуулдар да Оштогу сизодо отурган качкындарды өзбек бийлигине өткөрүп берүүнү туура көрүшпөйт. Алар белгилешкендей, Өзбекстан адам укуктарын басмырлаган, кыйноолор орун алган мамлекет. Ошондуктан, Өзбекстандан башка өлкөлөргө баш паанек издер кетип жаткан адамдардын саны көбөйүүдө. Өзбекстандын «Эрк» партиясынын Бухарадагы облустук комитетинин жетекчиси Насрулло Саидов өзүнүн ата-мекенинде саясий куугунтукка дуушар болуп, Бишкекке келгендердин бири:

Мен да БУУнун Качкындар боюнча башкармалыгынын кыргыз өкмөтүнө жолдогон өтүнүчү тууралуу уктум. Менин пикиримде Өзбекстанда адам укуктарынын сакталбашын, сот адилеттигинин жоктугун эске алсак, ошол төрт качкынды Өзбекстанга өткөрүп бербөө керек. Анткени, өзүңүздөр билгендей, күнөөсу жок адам да Өзбекстанда сот жообуна тартылып, камалып калышы өөн көрүнүш эмес. Ал адам кыйноолорго дуушар болушу мүмкүн. .

Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун пикиринде өзбек качкындарына байланыштуу маселенин чечилиши алардын кылмышка тиешеси барбы же жокпу – ошого байланыштуу болот:

Албетте, Кыргызстан качкындарга байланыштуу бардык эл аралык Конвенцияларды сактайт. Эми маалымат каражаттарында жызылып жаткандай, ошол төрт өзбек качкын ири кылмыш иштерди жасаган деп айтылып жатпайбы. Эгерде алардын кылмыш жасагандыгы чындыгында эле тактала турган болсо, анда аларга байланыштуу маселе башкача чечилип калышы мүмкүн. Ошондуктан, өзбек бозгундарына качкын статусун берүүдөн мурда алардын кылмыш иштерге катышы барбы, же жокпу, биринчиден, ошону прокуратура органдары такташы керек , -дейт Курманбек Осмонов.

Өткөн жылдын май айында Анжиянда орун алган кандуу окуя боюнча бүгүнкү күнгө чейин көз карандысыз иликтөө жүргүзүлө элек.

АТАКТУУ БАЛБАН РААТБЕК САНАТБАЕВДИН КЫЛМЫШ ЧӨЙРӨСҮ МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ БОЛГОН ЭМЕС

8-январда жалданма киши өлтүргүч огунан кайтыш болгон Раатбек Санатбаевдин кылмыштуу чөйрөлөр менен таптакыр байланышы болгон эмес. Бул жөнүндө бүгүн Раатбек Санатбаведи жакшы билген белгилүү спортчулар коомчулукка жарыялашты. Алар Раатбек Санатбаевдин трагедиялык өлүмүнө байланыштуу ар кандай жоромолдор негизи жок айтылып жаткандыгын белгилешти.

Раатбектин достору анын ысымына байланыштуу жоромолорду маалымат каражаттары аныгын билбей таратып жатышканын, спортчулар менен кылмышкерлер чөйрөсүн кагылыштыруу аракети көрүлгөнүн белгилешти. Раатбектин достору, санаалаштары өкмөт үйү алдында пикетке чыгып, өз алдынча тергөө иштерин жүргүзгөнү жатышканы тууралуу маалыматтарды да төгүнгө чыгарышты.

- Аны кылмыш чөйрөсү менен байланыштырууга негиз жок. Эч кимден деле карыз албаганын, өлүмүнө бизнесинин тийешеси жоктугун жакын достору айтып жатабыз.24-марттагы ыңкылапта элге каршы турган эмес, ак шапкечендердин катарында болгон эмес. Кыргыз спорт тармагы оор жоготууга учурап, кабыргабыз кайышып турат.Ошого карабай спортчулар менен кылмыш чөйрөсүн кагылыштурууну, өлкөдөгү бейпилдикти бузууну көздөгөн башка үчүнчү күчтөрдун аракети да болушу толук ыктымал,- деп айтты Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Алмаз Касенов.

Былтыр 24-марттагы ыңкылапта спортчулар элге каршы чыкпаганын, спорт кийимчен чоочун адамдар спортчуларды жаманатты кылышканын Раатбектин мындайча айтканы бар эле:
-Дүкөндөрдү тоноп, талкалап жаткандар спортчулар эмес. Биз күбо болдук, элге каршы спорттук кийим кийген жигиттер каршы турушту. Биз эл менен ошол ак шапкечен жигиттердин тирешүүсүн 10 мүнөт токтотуп турдук. Спортчуларды жаманатты кылууга аракет кылып жатышат. Бул туура эмес пикир.

Раатбектин адамкерчилиги бийик болгонун, айрым маалымат каражаттары жазгандай анын кылмышкерлер чөйрөсү менен байланышы жоктугун, Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жайынын директору Касымкул Оңолбеков айтты:

- Эми эмне болуп, кандайча каза болгонун билбей турабыз. Душмандары деле жок болчу, элден карыз деле алган эмес экен. Ачык көңүл, жайдары, кең пейил жан эле. Ушунтип баш көтөргөн жигиттерибизди четинен көзүн тазалап жок кыла беребизби? Деги мындай көрүнүш качан токтойт? Раатбек бош убактысында спорт залга келип жаш балбандарга күрөш сырларын, ыкмаларын үйрөтүп турчу. Ал спорт менен гана жашап, жалын жаштыгын мекендин намысын коргоого жумшаган.

Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаровдун айтымында Раатбек таза жол менен эч кимге карыз болбой бизнести илгерилетип, спорт зал курууну максат кылып жүргөн:

-Ушундай эр азаматты сактай албай, ниети каралардын колунан бейажал тапканына ишенбей турам. Кыргызга мындай жигиттер керек эле, Раатбек дагы далай кызмат кылат болчу. Экөөбүз көп жолу жолугуп кеңеш куруп, бир туугандай болуп калдык эле. Мени да учурунда маалымат каражаттары аныгын билбей жаманатты кылышкан. Раатбек тууралуу жаман сөз айтуу күнөө.

Спорт коомчулугу Раатбекти Улуттук олимпиада комитетинин мүчөлүгүнө көрсөтүп, жетекчи кызматына сунуштап жатышкан. Эгерде Улуттук олимпиада комитетине мүчө болуп шайланып калса, президенттикке талапкерлигин койсо спорт коомчулугу колдоп кетмек, ошондуктан анын айрым атаандаштары жасады деген пикирлер да спорт чөйрөсүн дүрбөлөңгө салып жатканын өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, спорт ардагери Руслан Искенов белгиледи.

Мурдакы бийликтин өкүлдөрү учурдагы жетекчилерди жаманатты кылуу максатында, элди кайраштырууну көздөп ушундай кылмышты уюштурду деген пикирди мурдарак Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын жетекчиси Молдомуса Конгантиев билдирген болчу:

-Олимпиадалык комитеттин бийлик талашуусунан келип чыккан окуя дейин десек, Раатбек бул уюмга мучө болуп, президенттикке көрсөтүлө элек болчу. Балким мурдакы бийликтин өкүлдөрү жаңы бийликтин ыңгайына көнбө, жаманатты кылуу максатында уюштурушу да толук ыктымал.

Анын буйуртма өлүмү боюнча ички иштер министрлиги, Бишкек шаардык башкармасы кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүп баштаган.

Раатбектин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында өлкө башчысы Курманбек Бакиевге спорт коомчулугу кайрылуу жолдогонун Раатбектин досу, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Жолдошбек Бекбоев билдирди:

- Кыргыз журтчулугу оор жогорууга учурап, кайгыга батып турган учур. Раатбектин өчөшкөн деле душмандары жок болсо керек. Анын өлүмүн саясатка байланыштырууга деле болбойт.Бизнес менен дагы алектенчү. Анын өлүмүнүн себептерин айтуу кыйын болуп турат. Биз дагы түшүнбөй турабыз. Раатбектин атын спорт мектептери, көчөлөргө ыйгарып, ысымын түбөлүккө калтырып, эл аралык мелдештерди өткөрүп туруубуз керек.

Раатбек Санатбаев 8-январда жалданма киши өлтүргүчтүн огунан кайтыш болгон. Ал спорт менен 20 жылдан ашуун убакыт машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбан эле. Грек- рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп, Азия оюндарында эки ирет күмүш байге уткан. Дүйнө чемпионатында коло байгелүү болуп, Атланта жана Сидней олимпиадаларында өлкөнүн намысын коргогон. 12 ирет эл аралык Гран- при мелдештеринде жеңишке жетишкен. Спорттогу ийгиликтери «Даңк» медалы, Улуттук олимпиада комитетинин ордени менен бааланган. Чоң спорттон кеткенден бери өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуу менен бирге ишкерчилик кылып алектенип келаткан.

ЛИДЕРЛЕРИ БИЙЛИКТЕ ТУРГАН ПАРТИЯЛАР ОППОЗИЦИЯГА ООП ЖАТАТ

Азиза Турдуева, Бишкек Жетекчилери аткаруу бийлигинде отурган айрым саясий партиялардын конструктивдүү оппозициялык маанайдагы уюмга - Демократиялык күчтөрдүн элдик коалициясына кириши коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Ал эми бул партиялар жана бийликтин айрым өкүлдөрү мындай жагдайды мыйзам ченемдүү көрүнүш катары эсептешет. Айрым саясатчылар болсо муну саясий оюн катары баалашууда.

Жакында Кыргызстандагы бир катар саясий партиялар өздөрүн конструктивдүү оппозициядагы саясий уюмга бириккендиги тууралуу жарыялашты. Алардын ичинде лидерлери азыркы аткаруу бийлигинде турган партиялар да бар. Мындай партиялар катары премьер-министр Феликс Куловдун жетекчилигиндеги «Арнамыс» партиясын, өнөр жай, соода жана туризм министри Алмаз Атамбаев менен каржы министри Акылбек Жапаровдун жетекчилигиндеги Социал-демократиялык партиясын атай кетсе болот.

Мындай көрүнүштү айрым саясатчылар кезектеги саясий оюн катары баалашууда. Саясат таануучу Жолборс Жоробеков бул чанда учураган жагдай деп эсептейт:

- Эми бул туура эмес. Эгерде чыныгы оппозицияга өтө турган болгондо, анда мамлекеттик кызматты таштоо керек эле. Бул жагдайдын ток этээр жери – азыр эптеп президент Курманбек Бакиевдин жасап жаткан иштерине тоскоолдуктарды жасоо, бут тосууларды жасоонун бир көрүнүшү. Бул Алмаз Атамбаевдин, Феликс Куловдун кандайдыр бир макулдугусуз бул партиялардын калган жигиттери мындай кадамга бара албайт эле. Булардын дагы кандайдыр бир саясий оюндарга бараткандыгын элге жакшылап түшүндүрүү керек .

Кээбир серепчилер Кыргызстанда конструктивдүү оппозициядагы уюмдун пайда болушун азыркы бийликтин ишиндеги кемчиликтер шарттап жаткандыгын да белгилешүүдө.

«Арнамыс» партиясынын жетекчисинин орун басары Эмил Алиев партиянын конструктивдүү оппозициядагы саясий бирикмеге өтөөрүнө партия жетекчиси алдын ала макул болгондугун билдирди. Анын пикиринде партиянын иши анын жетекчиси премьер-министр болуп тургандыгына карабастан өз алдынча жүргүзүлөт:

- Биринчиден, азыркы бийлик партияны башкара албайт. Анын ага эч кандай тиешеси жок. Эгерде биздин лидер же башка партиянын лидери деле бийликте турган кезде деле, алар партиялык программаны аткарган жок. Эгерде парламенттик республика болсо – анда партия жооп бермек эле. Азыркы бийлик- партиянын командасы эмес, бул жеке лидерлердин командасы. Эң негизги себеп – коалицияга киргенибиздин себеби – бул азыр өлкөдө системалык кризис орун алып жатат. Биздин өлкө парламенттик башкарууга өтүшү керек .

Социал-демократиялык партиясынын коалицияга киришине анын бийликте турган лидерлери - өнөр жай, соода жана туризм министри Алмазбек Атамбаев менен каржы министри Акылбек Жапаров – каршы чыга албай турганын билдиришкен:

- Демократиялык, укуктук өлкөдө конструктивдүү оппозиция болушу керек. Болбосо ага бийлик өкүлдөрү шарттарды түзүшү керек,-деп айтты социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов.

-Кечээ күнү ошол социал-демократтар коалицияга кошулаардын алдында мен милдеттүү түрдө биздин төрага Алмаз Атамбаевге, биздин саясий кеңештин мүчөсү Акылбек Жапаровго чыгып, өзүбүздүн позициябызды билдиргенбиз. Бул эң ириде ошол эле Курманбек Бакиевдин, анын тегерегинде отурган премьер-министр, ошол эле министрлер А.Атамбаев, А.Жапаровго чыгып, өзүбүздун мамилебизди билдиргенбиз. Алар менен бул маселе боюнча алдын ала макулдашылган. Алар партиялардын мындай пландарына каршы болуп, бут тосо албай тургандыктарын билдиришкен. Эгерде партиянын лидерлери бийлик башында турушса, алар жетектеген партия бийликти сындай албайт дегенди билдирбейт .

Ал эми президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарымбаев лидерлери бийликте турган саясий партиялардын оппозициялык маанайдагы саясий бирикмеге киришин мыйзам ченемдүү көрүнүш катары сыпаттайт:

- Бизде ар бир партиянын уставы, программасы бар. Тигил же бул партия бир адамга, бир лидерге баш ийбеши керек. Ар бир партия элдик партия болууга аркет кылат. Ошондуктан, мындай көрүнүш – лидерлери бийликте турган партиялардын конструктивдүү оппозициялык уюмга кошулгандыгы - мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мында таң калыштуу деле нерсе жок. Жалпысынан алганда – бул жакшы көрүнүш деп айтууга болот.

МЕКЕДЕН КАБАР : ЗЫЯРАТЧЫЛАР ШАЙТАНГА ТАШ АТЫШТЫ

Шаршемби күнү Меккеде ажылык ибадаттарын улантып жатышкан зыяратчылар негизинен шайтанга таш атуу жөрөлгөсүн кайталашты.

Телефон аркылуу байланышта Меккедеги Кыргызстандын ажылык штабынын мүчөсү Даут Абы уулу соңку ажылык ибадаттар тууралу кеп курду:

-Кечээ – курман айт күнү зыяратчыларыбыз биринчи жолу шайтанга таш атуу жөрөлгөсүн өткөргөндөн кийин туура эле Харам мечитине барышып, Каабада сыйынуу каадаларын толук жасашты. Курмандык чалышты. Анан сакал-муруттарын кырдырышып, үстүлөрүндөгү ак кийимдерин чечишип, кечинде майрамдык кийимдери менен Минага – чатырларга келип түнөшкөн. Бүгүн да шайтанга таш атуу жөрөлгөлөрүн улантышты. Азыр пешин намазы окулат. Намаздан кийин да шайтанга таш атууга барчулар көп.

-Даут мырза, Кыргызстандан жалпысы канча зыяратчы ажылык ибадаттарды жасап жатат? Канчоосу жетип, канчоосу жетпей калгандыгы такталдыбы?
-Жок.Кыргызстандан 80 пайыз зыяратчылар автобус менен келишкендиктен, тактоо мүмкүн болбой жатат.Үлгүрбөй калгандары жөнүндө да маалымат жок.Ылайым андай болбосун.

-Автобус менен баргандар бул жолу Түркмөнстан аркылуу эмес, башка жол менен баргандыктан аябай кыйналышыптыр деп жатышат.Кырсык да болуптур жолдо.Сиздер тактагандырсыздар?
-Чилдедеги Орусиянын 30 градустан ашкан суугунда айрым үлгүдөгү автобустардын мотордогу суулары тоңуп калып – азаптарын беришиптир. Орусиянын бажыканалары аябай кыйнаптыр. Жанагы сиз айткан кырсык Казакстан чегинде болгон. Бир автобуста жолдо тамак бышырып жейбиз деп алып жүрүшкөн газ-балон жарылып кетип, автобусу толук күйүп кетиптир. Кудайдын жакшылыгы, адамдар алыс качышып – эч кимдин өмүрүнө забын болбоптур. Дагы бир автобус ЖИП автомашинасы менен кагышып кетип, тигиндеги эки казакстандык каза болуптур деп жатышат. Автобустагылар аман экен.Бир шопурун ошо жерде алып калышыптыр. Бири автобусту андан бери айдап келиптир.

Андан кийин өзүнүн ажылык ибадаттарды кандай жасап жаткандыгын Бишкектен барган дагы бир зыяратчы Акылбек Чороев айтып берди:

-Мен өзүм жалгыз келгени жокмун. Апамды кошо апкелдим. Аты Айчүрөк. Өзүм 41 жаштамын. Апам негизинен зыяраттарын аялдар менен кошо болуп өзү эле жасады. Айрым кезде гана мен коштоп алып жүрдүм. Ажылык сапардын таасири аябай эле күчтүү болду мага. Ыйман-ыкласым башкача болуп калды.

-Акылбек мырза, канча жылдан бери намаз окуйсуң?
-Аз эле болду. Бир ай…

АЛТЫН БАР ЖЕРДЕ ЧЫР ЭМНЕ ҮЧҮН ЧЫГАТ?

Кыргызстандагы Талдыбулак, Жерүй алтын кендеринин айланасында чет элдик ишкерлер менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы келишпестик дагы деле уланууда. Жерүй алтын кенин иштетүүгө уруксаты бар «Оксус» компаниясы келишимди бузганы үчүн кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берерин билдирип жатат. Ал эми Талдыбулак алтын кени мурунку президенттин жакындарынын бирине караштуу «Талдыбулак инвестмент» ишканасына таандык экендиги аныкталды.

Мамлекеттик геология комитетинен алынган маалымат боюнча, «Оксус» компаниясы Жерүй алтын кенин иштетүү үчүн 55 млн доллар каражат таап, учурда алтын казуу иштерин жүргүзүүгө даярдык көрүп жатат. Бирок, азыркы өкмөт ага лицензияны кайтарып берүү жөнүндө токтом кабыл ала элек. «Оксус» компаниясы лицензия кайтарылып берилбей турган болсо, Жерүй алтын кени үчүн сарптаган каражатын төлөп берүүнү кыргыз өкмөтүнөн талап кылууда. Тоо кендери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Владимир Зубковдун айтымында, алар эл аралык соттон утуп алуусу мүмкүн эмес, бирок ошентсе да бул узак убакытты талап кылат:

-Кыргыз өкмөтү «Оксус» компаниясы тарабынан кандай иш жүргүзүлгөндө да, лицензияны кайтарып берүү тууралуу убада берген эмес. Ошондуктан, эл аралык сотко берген күндө да кыргыз өкмөтү утуп чыгышы мүмкүн. Бирок, бул узак убакытты жана көп чыгымды талап кылат.

Талдыбулак, Жерүй, Солтонсары сыяктуу алтын кендерин иштетүү тууралуу мурунку бийликтин тушунда эле 1998-жылы кыргыз өкмөтү атайын токтом кабыл алган. Анда айтылгандай, Жерүй алтын кенинде 75 тоннага жакын, ал эми Талдыбулакта 75 тоннадан ашуун алтындын запасы бар. Мындан тышкары Солтонсары алтын кенинде 15-20 тонна алтын запасы бар деп белгиленген. Бул кендерге учурунда кызыгып, айрым бир чет элдик ишканалар ээлик кылууга жетишишкен. Алсак, Жерүй алтын кенине чет элдик «Норокс» ишканасы кызыгып, кыргыз өкмөтү менен бир сыйра келишим түзгөн. Бирок, иш жүзүндө эчнерсе жасалбай, 2002-жылы кыргыз өкмөтү бул компания менен келишимди токтоткон. 2003-жылы кайра эле «Норокс» компаниясынын алдында түзүлгөн «Оксус» компаниясына Жерүй алтын кенин иштетүүгө уруксат берилет да, бир жылдан кийин,келишимди аткарбаганы үчүн 2004-жылы апрелде аталган компаниянын лицензиясы кыргыз өкмөтү тарабынан жараксыз деп табылган.

Ал эми Талдыбулак алтын кенин иштетүүгө кызыкдар болгон Австралиялык САТВ ишканасы «Кыргызалтын» АК менен бирдикте 2003-жылы «Талдыбулак голд майнинг компани» аттуу ишкана түзүшөт. Бир жылдан кийин, 2004-жылдын октябрь айында бул ишканадан дагы бир «Талдыбулак инвестмент» деп аталган ишкана жарык көрөт. «Вечерний Бишкек» гезитинин маалыматы боюнча, «Талды булак инвестмент» ишканасы мурунку биринчи айым Майрам Акаеванын бир тууган жээни Улан Жамакеевге таандык болуп чыккан. Бул маалыматты мамлекеттик тоо-кен комитетинен да тастыкташты. Бирок, булардын бири дагы Талдыбулак алтын кенин иштетүүгө киришкен эмес. «Кыргызалтын» АКнун кызматкери Георгий Глуховдун айтымында, «Кыргызалтын» менен австралиялык компания биргелешип түзгөн ишкананын лицензиясын кыргыз өкмөтү жараксыз деп тапкан:

- Биргелешкен ишкананын лицензиясын кайра чакырып алышкан. Ошондуктан, мындан ары кандай иш жүрөрү белгисиз. Башка инвестор издейбизби же ушул эле ишканалар менен иштешебизби, муну убакыт көрсөтөт.

«Тоо кенчилер» ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев Жерүй, Талдыбулак алтын кендерин иштетүү жакшылыктуу жүрбөй жаткандыгына тоо өнөр жайы боюнча саясаттын начардыгы себеп деп билет:

-Жерүй алтын кенин иштетүү тууралуу чечим 80-жылдары эле чыккан. Бирок, булардын баары ушул мезгилге чейин ишке киргизилбегенине тоо кендери боюнча мамлекеттик саясаттын жоктугу себеп болууда. Тоо өнөр жайы боюнча көзөмөл кыла турган бир да структура жок.

Орозбек Дүйшеевдин айтымында, чет элдик ишкерлер алтын кендерин ишке киргизүүгө эмес, аны иштетүү үчүн лицензия алууга көбүрөөк кызыкдар:

-Буга эң биринчиден коррупция күнөөлүү. Биргелешкен ишкана түздүк деп эле, чет элдик ишканаларды түзүшөт да, лицензия алууга аракет кылышат. Лицензия алган соң, акцияны сатууга аракет жасашат. Бул жерде акция роль ойноп жатат.

Байкоочулардын айтымында, дүйнөлүк базарда алтындын баасы кымбатташы менен Кыргызстандын алтын кендерине кызыккандар кайрадан көбөйдү. Алардын катарында «Оксус» компаниясы да Жерүй алтын кени үчүн катуу күрөшүүдө. Алардын өтүнүчү менен кыргыз өкмөтүнө «Оксус» компаниясынын ишин жакшылап териштирүүнү суранып, батыш өлкөлөрүнүн элчилери, эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү кайрылгандыгы белгилүү.

Бирок Кыргыз өкмөтү Жерүй, Талдыбулак алтын кендерин иштетүү боюнча башка жаңы инвестор издөөгө киришүүдө. Ал эми башкы прокуратурага «Талас майн голд компани» ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү тапшырылган.

РААТБЕК САНАТБАЕВ КИМДИН КУЙРУГУН БАСТЫ. РЕФЕРЕНДУМДУН МАКСАТЫ ЭМНЕ?

Өлкөдө жыл аягында боло турган референдум жана анын маани-максаты тууралуу макалалар “Аргументы и факты” жана “Алас” гезиттеринде орун алды. Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан белгилүү спортчу Раатбек Санатбаевдин өлүмү боюнча анализ-материалга “Жаңы кылым” гезити кезектеги санында орун берүүдө.

10-январь күнү дүйнө мусулмандары Курман айт майрамын белгилешти. Бул майрам жана баш калаада өткөн иш чаралар тууралуу кеңири макала 11-январда чыккан “Аргументы и факты” гезитинде орун алды. Ушул эле гезитте
“Референдумга барабызбы?” деген ат менен макала басылды. Анда макала автору Нур Турсунова башкаруу системасы туурауу анализ жасап, учурда өлкөнүн гүлдөшү президенттин, парламенттин жана өкмөттүн мойнунда экенини айтат.

Референдум темасына арналган макалага “Алас” гезити 12-январдагы санында орун берүүдө. Анда автор Капар Токтомушев, “президент жарлыгы менен референдумду жылдын аягына жылдыруу демилгеси жаңыдан жанып бараткан үмүткө суу сепкендей иш болду. Мунун аягы эмне менен бүтөөрү белгисиз”, деген оюн айтат. Автордун пикиринде Курманбек Бакиев өз жарлыгы менен мамлекеттик-административдик ресурстардын бардыгын конституциялык реформа жана башкаруу формасы боюнча калк арасында түшүндүрүү-үгүт иштерине чегерип олтурат.

“Референдум бизге кандай башкаруу формасын аныкташ үчүн гана эмес, 2010-жылы бийлик башына кайсыл коомдук-саясий күчтөр келет деген суроого жооп алыш үчүн да өтө зарыл болуп турган чак. 24-марттагы ыңкылаптын алдында мындай маселе жок болчу. Кыскасы, саясатта күч сынашар кезеңдин келип турган чагы. Эгер ал административдик ресурстарга алдана турган болсо Ак үй жеңет, эгер партияларды ээрчий турган болсо тараза ташы оппозицияга оомокчу”, деп жазат автор.

Мындан тышкары мамлекет башчы Курман Бакиевдин иниси Маратбек Бакиев тууралуу макала чыкты. Президенттин үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандарынын ишмердүүлүгү жана ээлеген мүлкү тууралуу “Ушинтип байышат” деген макалада сөз болот.

Эми кыргызстандыктарга Орусияда иштөө жеңил болуп калат.Анткени Орусия мамлекети кыргызстандык эмгек мигранттарына карата жеңилдиктерди киргизди.
Мындай жаңылык тууралуу “Московский комсомолец”гезити жазды. Макалага ылайык, эгерде эски мыйзамга таянсак, учурда Орусияда жүргөн эмгек мигранттар мыйзамсыз түрдө иштешүүдө, бирок бул макулдашуунун кабыл алынышы менен кыргызстандык гастербайтерлер каттоодон өтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын 2 жолку чемпиону, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан белгилүү спортчу Раатбек Санатбаев 8-январда кимдир бирөөнүн буйрутмасы менен өлтүрүлгөн. Атактуу балбандын өлүмү боюнча ар кыл пикирлер айтылууда. Бири анын өлүмү бизнеске байланыштуу деген жоромолдорду айтса, экинчилери спортчунун өлүмүн башка себептер менен байланыштырышууда.

“Жаңы кылым” гезити 13-январда чыга турган санында “Эми кезек кимдики?” деген макалада спортчунун өлүмү тууралуу анализ жасайт. “Минтип олтуруп аз жылдан кийин кыргыз өзүн-өзү кырып бүтөбү? Же бул жогору жактагыларды ойлондурбайбы”, деп суроо коет Макала автору Жума Мамбетов.

“Атың чыкпаса жер өрттө” дегендей буйрутма менен киши өлтүрүү боюнча Кыргызстан кичинекей өлкө болсо да калкы миллиарддаган, жүз миллиондогон Кытай, Индия, АКШ мамлекеттерин кууп жеткени калды окшойт. Жогорку Кеңештин эки депутаты Жыргалбек Сурабалдиев менен Баяман Эркинбаевдин киши колдуу болушунун себептерин саясат менен байланыштырбай, экөөнүн бизнестик иши менен байланыштырыш туура болмокчу деп коюшту алардын кырсыктуу ишин изилдеген, иликтеген органдар. Ал эми чөптөн башкага зыяны жок Раатбек Санатбаевдин күтүүсүз өлүмүн эмнеге байланыштырышаар экен?”, деп жазат автор.

ПАПАНДЫКТАР СОТТУ АЙЫПТАП, НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫГЫШТЫ

Кубанычбек Жолдошев, Ош Папан айыл өкмөтүнүн үч жүзгө жакын тургуну 11-январда Ош облустук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдына пикетке чыгышты. Алар Медербек Мырзабековду Папан айыл өкмөт башчылыгынан четтеткен сот чечимине нааразылык билдиришти.

Папан айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланган Медербек Мырзабековдун үч жүзгө жакын жактоочулары таң эрте Ош облустук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдына чогулушту. Колдоруна “Эң таза айыл өкмөт башчысына бут тоскондор жоголсун!” “Адилетсиз сот Папан элинин келечегине каршы иштеди. Жоголсун соттор, жоголсун!” “Элдин эсебинен жашаган арам тамактар” деп жазылган ураандарды көтөрүп алышкан.

- Шайлоодо жаш кадр Мырзабеков Медербек көп добуш менен өткөн. Мурунку биздин айыл өкмөт, орунбасары экөө сотко берген. Сот адилетсиз экен, мурунку айыл өкмөт, мурунку жегичтердин пайдасына чечип койду – деди нааразычылык акциясынын катышуучуларынын бири Тайырбек Токтомаматов.

18-декабрда болгон шайлоодо Папан айыл өкмөтүнүн башчылыгына Медербек Мырзабеков атаандашы, мурдагы айыл өкмөт башчысы Жаныбек Муратовду жеңип алган. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон талапкер Муратов Карасуу райондук жана Ош облустук сотторуна арыз менен кайрылып, сот чечими анын пайдасына чыккан. Медербек Мырзабековдун жактоочулары сотту акчага сатылган деп айыптап, акыйкат чечим талап кылышууда.

- Биздин талабыбыз мандатты алып берсе, башканын кереги жок. Калганын Медер өзү иштейт, өзү чечет. Саат сегиз жарымда ушул жерге келгенбиз. Бийликтен бир дагы киши чыгып эмнеге келдиңер, эмне турасыңар деген жок. Адам Закировду адам деп келгенбиз, ал да жок, – дейт Mырзабековдун жактоочуларынын бири Касым Бадиров.

Мырзабековдун жактоочуларынын нааразылык акциясы кечки саат төрткө чейин улантылды. Ош облустук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкерлери губернатордун милдетин аткаруучу Адам Закиров жумушчу сапарда экендигин айтышып, нааразы тараптар менен эч ким жолуга албастыгын билдиришти. Мындай мамилеге папандыктар ого бетер өчөшүп, облус жетекчисин маселе чечилгенге чейин күтө тургандыктарын жарыя кылышты:

- Медербек Мырзабековдун мандатын тезирек берсин. Сотторго эч убакта ишенбейбиз, алар адилетсиз, паракорлор, жоголсун бул жерден. Мандатын бербесе биз бул жерден кетпейбиз. Керек болсо атчан келебиз – деп кыйкырып чыкты келгендердин бири Мухтар Камчыбеков.

Сот чечимине нааразы болгон папандыктар президент Курманбек Бакиевге эскертүү катын жөнөтүшкөндүгүн жана мындан аркы кадамдары президенттин жообуна жараша болорун билдиришти. Келерки күнү көчө акциясын улантарын айтып, тарап кетишти.

КЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАРЫ КУРМАН АЙТТЫ МАЙРАМДООДО

10-январга туш келген Курман айтты майрамдоо эртең менен Бишкек шаарынын эски аянтында айт намазы менен башталды. Жааган карга, титиреткен суукка карабастан айт намазын окуу каадасына 60 миңдей адам катышты жана алардын дээрлик көпчүлүгүн жаштар түздү.

Айт намаз окуу каадасынын расмий бөлүгүн адаттагыдай эле муфтий Мураталы-ажы Жуманов ачып, өз сөзүндө намаздын мусулмандар үчүн маанисин баса белгилеп өттү:

Сиз менен биз башка дин өкүлдөрүнөн ушул намазыбыз менен айырмаланабыз. Ошол намаз улуу курман айт күнү да минтип кылчылдаткан суукка, кымкарлаган карга карабай баарыбызды бириктирип турат. Ошого иншалла!

Кыргызстан мусулмандарын адегенде майрамы менен Бишкек шаар мэри Арстанбек Ногоев куттуктап, андан кийин сөз алган
Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Мухаммад Риза Сабури ислам дини, орозо жана курман айттар улуттарга, мамлекеттерге бөлбөгөн улуу касиетке эгедер экендигине токтолду:

Бул күндөрү бүт дүйнөдөгү мусулмандар өңүнө же түсүнө, улутуна же мамлекетине карабастан катар-катар саптарга тизилип, жалгыз Аллага гана тооп айтып майрамдашат. Биримдик жана бир туугандык жалпы мусулман өлкөлөрүн, айрыкча ушу Кыргызстанды дайыма каптап турсун!

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчисинин орунбасары Дональд Лу мырза кыргыз тилинде куттук айтуу менен элдин көңүлүн өзүнө айрыкча бурду:

-Өткөн жыл - чоң саясий окуялары жана азыркы экономикалык кыйынчылыктары менен да кыргыз эли үчүн өзүнчө курмандык жылы болуп калды.

Бул жерде “Курбан” деген – Кудайга жакындоо деген түшүнүк экендигин эскертип койгонубуз оң. Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин орунбасары Шемседдин Гүналды курман айт бүт дүйнөдө сезим жаңырткан, аруулук тартуулаган майрам экендигин эске салды.

Сапан-сап айтылган соң Муфтий Мураталы-ажы Жумановдун имамдыгы менен 60 миңдей мусулман айт намазга жыгылды.

Сөз соңунда эскерте кетели, кийинки курман айт майрамы жаңы жыл күнүнө оро-паралаш келет.

БЕЛГИЛҮҮ СПОРТЧУ РААТБЕК САНАТБАЕВ МЕНЕН КЫРГЫЗ ЖУРТЧУЛУГУ КОШТОШТУ

Кабыл Макешов, Бишкек 10-январь курман айт күнү грек-рим күрөшү боюнча Азиянын 2 жолку чемпиону, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан белгилүү балбан Раатбек Санатбаев менен спорт коомчулугу, дос- туугандары, күйөрмандары коштошуп, маркумду акыркы сапарына узатышты. Улуттук олимпиада комитетине мүчөлүккө көрсөтүлүп жаткан Раатбектин өлүмүнө кандай жагдайлар себепкер болгону азырынча белгисиз.

Кыргызстан эли, спорт коомчулугу чоң кайгы менен даңазалуу балбан Раатбекти акыркы сапарына узатышты. Алатоо аянтында айт намазга келген жүздөгөн кыргызстандыктар Раатбектин сөөгүн алып өтүүчү машинаны жааган карга, суукка карабай күтүп турушту. Мурда Раатбекти мелдештерге сүрөөнгө алып туруу үчүн Кожомкул атындагы спорт ордосуна келчү калк бул сапар маркумдун сөөгү менен коштошууга келишти.

Раатбек өлкөнү эл аралык аренада таанытып, кыргыз туусун көтөрүп, жаштарга үлгү болуп келгенин Жалалабат облусунун губернатору Жусупжан Жээнбеков белгиледи:

-Өлкөдө грек-рим күрөшүнүн өнүгүшүнө жана кеңири жайылышына, Раатбектин салымы зор. Ал 1994-жылы Хиросимада өткөн 12-Азия оюндарында өлкөнүн тарыхында биринчи болуп күмүш байгени утуп, намыска жараган. Ал эми Азия чемпионаттарында эки ирет алтын медаль жеңип, Кыргыз туусу обого көтөрүлүшүнө Раатбектин чоң салымы бар. Кыргыз спорт тармагы оор жоготууга учурап, кабыргабыз кайышып турат.

Кыргызстанды эл аралык аренага тааныткан Раатбек 9жашынан баштап грек-рим күрөшү менен машыкканын, адамкерчилиги бийик болгонун алгачкы устаты Тапанча палван Ибрагим Узаков эскерди:

-Раатбек мага 2-класста окуп жүргөндө келип, окуучулук кезинде эле жөндөмдүү балбан катары таанылган. Жаштар арасында өлкөнүн тандалма командасынын мүчөсү болгондо чоң спортто ийгилик жаратсын деп, Бишкектеги спорт мектебине алып келгем. Атасындай болуп калдым эле. Далай Гран- при мелдештерде Кыргызстандын намысын колдон чыгарбады. Эми эмне болуп, кандайча каза болгонун билбей турабыз. Душмандары деле жок болчу, элден карыз деле алган эмес экен. Ачык көңүл, жайдары, кең пейил жан эле. Ушунтип баш көтөргөн жигиттерибизди четинен көзүн тазалап жок кыла беребизби? Деги мындай көрүнүш качан токтойт? Коңшу элдерге, чет жерге уят болуп, канатыбыз кайрылып турат. Раатбектин алдыга койгон максаттары арбын эле, аткарылбай калды..

Раатбектин Азия чемпиону болушуна салым кошкон Казакстандык машыктыруучу Эржан Ахметов "Алматыда калып иште, бизнеске аралаш, биз канаттууга кактырбайбыз десек, Раатбек Кыргызстандын туусун көтөрөм деп", Бишкекке баса бергенин арман кылып айтты:

- Кыргызда таанымал инсандар саналуу гана. Алар: Чыңгыз Айтматов, Болот Шамшиев жана спорттон Талант Дүйшөбаев менен Раатбек Санатбаев. Ушундай эр азаматты сактай албай, ниети каралардын колунан бейажал тапканына ишенбей турам. Кыргызга мындай жигиттер керек эле, Раатбек дагы далай кызмат кылат болчу. Экөобүз ага-ини бир туугандай болуп калдык эле, канатымдан айрылып, кан кусуп турам.

Раатбек менен коштошуу жыйынында өлкөнүн акыйкат министри Марат Кайыпов дагы чыгып сүйлөдү:

- Раатбектин жаш болсо да өрнөктүү өмүрү, жеңиштери жаштарга үлгү. Өзү тоодой балбан болсо да жөнөкөй, жароокер, сылык-сыпаа, мырза жигит эле.

36 жаштагы спорт ишмери, маркум Раатбектин апасы Дилбар Санатбаева уулун жоктоп, боздоп ыйлап атып сүйлөдү:

- Раатбегим 22 жыл кыргыздын туусун көтөрүп, далай мамлекеттерде жеңиштерге жетишип, кыргыз өңүн таанытпады беле. Кандай канкордун колу барды, анын өмүрүн кыйууга? Артында эки уул, бир кызы калды. Көзүм өткөнчө балдарына камкордук кылам. Атасындай элге кызмат кылган, элдин намысына жараган уул-кыз болушун тилейм. Анын атын өчүрбөй, уулдуу болсоңор Раатбек койгула, кыздуу болсоңор Рааткүл, Рааткан койгула. Мендей боздогон эне болбосун.

Спорт коомчулугу Раатбекти жакында боло турган Улуттук олимпиада комитетинин жыйынында бул уюмдун мүчөлүгүнө көрсөтүп, жетекчи органына сунуштап жатышкан. Эгерде Улуттук олимпиада комитетине мүчө болуп шайланып калса, президенттикке талапкерлигин койсо спорт коомчулугу колдоп кетмек, ошондуктан анын жашоосуна айрым атаандаштары кыянатчылык кылды деген пикирлер да айтылууда.

Атактуу балбандын өлүмү бизнеске байланыштуу деген жоромолдор да бар. Себеби Казакстан менен нефти бизнеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, маселе оң жагына чечилүүсүнө аз калган деген пикирлер чыгууда. Мурдакы бийликтин өкүлдөрү учурдагы жетекчилерди жаманатты кылуу максатында, элди кайраштырууну көздөп ушундай кылмышты уюштурдуу деген пикирлер да жок эмес.

Анын буйуртма өлүмү боюнча ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүп баштаган. Шектүү деген машина табылганы тууралуу буга чейин тарап кеткен маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын жетекчисинин орун басары Мелис Турганбаев жалганга чыгарды.

Раатбек Санатбаевдин сөөгү Бишкектеги Аларча көрүстөнгө коюлду.

ОШ : ХИЗБУТ-ТАХРИР МИЛИЦИЯ МЕНЕН ТИРЕШТИ

Кубанычбек Жолдошев, Ош 10-январь Курман айт күнү Ош шаарында Хизб-ут Тахрир уюмунун мүчөлөрү менен жергиликтүү милиция кызматкерлеринин ортосунда тирешүү пайда болуп, аз жерден чатак чыгып кете жаздады. Жаңжалдын себептери катары жергиликтүү талдоочулар хизбутчулардын элге бекер тамак-аш таркаткандыгына ички иштер органдарынын тыюу салып койгондугунан улам чыккандыгын белгилешти.

Эртең мененки саат ондор чамасында шаардын Курманжан датка көчөсүнүн башында Хизб-ут тахрир уюмунун мүчөлөрү элге бекер тамак-аш, оюнчук жана кийим-кечелерди тарката баштады. Бул учурда шаардык милициянын оперативдүү тобу жетип келип, бекер таркатылып аткан тамак-ашты жана буюмдарды тартып алды. Милициянын мындай аракетине нааразы болгон хизбутчулардын арасында толкундоолор пайда болду.

- Былтыр ушул жерде Курман айт майрамын өткөргөнбүз. Быйыл да өткөрөбүз деген ойдо келген элек. Эми көрүп атасыңар милиция кызматкерлери машинадагы оюнчуктарды бир жака алып кетип калышты. Барыңыздар билесиңер жаңы жыл исламга жат майрам, ошону жакшы тосуп берди. Ал эми айтты майрамдайлы десек, уруксат бербей атышат. Демократия дейт, демократия дин эркиндиги дейт, өзүлөрү мусулман болуп туруп Курман айтыбызды өткөртбөй атышат – деген пикирин билдирди Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөсү Арунбек Токтобаев.

Элге бекер таркатылып жаткан тамак-аштын тартылып алынышынын мыйзамдуулугу боюнча милиция кызматкерлери комментарий берүүдөн баш тартышты. Ал эми Ош шаарынын мэринин биринчи орунбасары Афсидин Аланов хизбутчулардын аракетин мамлекеттин коопсуздугуна каршы багытталган акция катары баалады:

- Бул суук жерде отуруп, кантип тамак жесе болот. Биз айтканбыз, жай таап тамак-ашыңарды ошол жерде уюштургула дегенбиз. Бул жерде эч кандай шарт жок. Булардын максаты башка нерсе.

Анткен менен "Демократия жана жарандык коом үчүн" бирикмесинин түштүк аймагы боюнча координатору Руслан Ташанов хизбутчуларды көзөмөлгө алууда милиция өзү биринчи мыйзамсыздыкка барды деген пикирде:

- Бул жерде күч органдарынын мыйзам чегинен чыгып жасаган аракеттерин байкап атабыз. Эгерде майрамды уюштургандар чыгып алып, учурдагы конституциялык түзүмдү кулатабыз деп чакырып, же болбосо баракчаларды тарката турган болсо, ошол учурда гана биз кылмыш жаза кодексинин тиешелүү статьясы боюнча жоопкерчиликке тартышыбыз керек эле.

Курман айт майрамдык салтанатын уюштурган хизбутчулардын жана ал жерге чогулуп келген адамдардын талабы менен бир канча убакыттан кийин шаар милициясы тартылып алынган тамак-ашты кайра кайтарып берүүгө аргасыз болду.

КУРМАН АЙТ

Кыргыздар байыртадан белгилеп келген ыйык майрамдардын бири Курман майрамы. Аны кыргыздар Курман айт деп айтышат. Алар Курман айтты тирүүлөрдүн майрамы деп ага айрыкча көңүл буруп, күн мурунтан даярдык көрүшөт. Айыл жергесинде Курман айтка деп үйлөрүн актап, тегеректи тазалашып, тирүүлөрдүн өмүрүн, амандыгын тилейли деп, курмандыкка чалына турган жандык күн мурунтан камдалат.

Кыргыздар Орто Азиядагы мусулман калктарынын катарына кирет. Алар мусулманчылыкка болжол менен онунчу кылымдан тартыла башташкан. Кыргыздар азыр карманган ислам дини эки тарыхый өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Биринчиден, адегенде Орто Азияга тараган ислам дининин суннилик багыты үстөмдүк алып, монгол басып алуулары мезгилинде мында ханафиялык окуу кеңири тараган. 14-кылымдан тарта бу аймактагы үстөмдүк абалга жетишкен ханафийлер түрк тилдүү калктардын үрп-адатын, каада-салтын эске алууга аргасыз болушкан. Кыргыздар азыр карманган ханафийлик багыттын негизги айырмачылыгы, алардын мусулманчылыкка чейинки шамандык, теңирге сыйынуу түшүнүктөрү ислам окуусу менен табигый жуурулушуп кеткен.

Экинчи өзгөчөлүгү, ал совет мезгилиндеги атеисттик саясаттын таасирине байланыштуу. Ушундан улам кыргыздар арасында азыр белгиленип аткан Курман майрам түшүнүгү, аны белгилөө жөрөлгөсү жана шарттарында башка ислам өлкөлөрүнөн кескин айырмаланган өзгөчөлүктөрү бар. Анткен менен кыргыздардын Курман айтты ыйык майрамдардын катарына кошуп, ага диний түшүнүк берүүсүндө жана ислам дининдеги жол-жоболорду сактоого аракет жасагандыгына караганда, Курман айтты белгилөө жөрөлгөсү бир канча кылым бою калыптанып келе жаткандыгын байкасак болот. Курман айт тирүүлөрдүн майрамы делип, аны татыктуу белгилөөгө айрыкча көңүл бурулат. Айыл жергесинде Курман айтка деп үйлөр акталып, тегерек тазаланып, тирүүлөрдүн өмүрүн, амандыгын тилейли деп, курмандыкка чалына турган жандык күн мурунтадан камдалат.

Курман айт күнү адамдар таң зардан турушуп, майрам камын көрүшөт. Колунда барлар курмандыкка мал союшат. Ислам окуусундагы талапта көрсөтүлгөн курмандыкка чалынчу малдын жашы жана абалына анча деле маани берилбейт. Ошондой эле курмандыкты кандай турмушта жашаган адам союшу керек деген түшүнүк азырынча кыргыздар арасында тамыр ала элек. Узак жылдар бою ислам дининен жасалма четтетилген жагдай азыркы кыргыз элинин Курман айт шарттарын жакшы өздөштүрүп кетишине кедерги болуп атканы шексиз. Майрамга карата курмандык чалыш үчүн үй-бүлөнүн кирешесин эсептөө сыяктуу жол-жоболорду сактоону бардык кыргыздар эле биле бербесе керек. Ошондуктан айрым курмандык чалуу жөрөлгөсү кыргыз калкынын мурдагы шамандык түшүнүгүнө ылайык жасалчу түлөө берүү салтын элестетет.

Ислам дини узак убакыт бою элден четтетилип келгендигине байланыштуу курмандыкты үч үлүшкө бөлүү шарты анча сакталбайт. Анткен менен кыргыздар белгилеп келген Курман айт майрамы алардын ыйык ишенимине бел байлаган аруу тилегинен, кылымдар бою уланып келаткан салт-санаасынан кабар берет.
Курман айтыңар маарек болсун!

ЖАЛАЛАБАТТА БАШКА ДИНГЕ ӨТКӨН ЖАШТАР ЧЫГУУДА

Өлкөдө дин эркиндиги болгондуктан Жалалабат облусундагы жаштардын арасынан башка динге өткөн кыз-жигиттерди байкоого болот. Коомчулуктун болжолу боюнча облус борборунда христианчылыктын Эммануэль, Жетинчи күндүн адвентисттери деген аталыштагы жана христиан-баптисттик, люттерандык түрлөрүнө кыргыз улан-кыздары өтүп атышат. Дин кайырлыктын себептери да түрдүүчө.

Дин-мамлекеттен, мамлекет динден ажыратылып, улуттук туруктуу идеология жоктугунан жаштар каалаган максатын ишке ашырууда. Жалалабат шаарында христианчылыктын Эммануэль, Жетинчи күндүн адвентисттери, бир тууган христандар өңдүү тамырлары жайылган. Алар Кудайга сыйынуу, таат-ибадат кылуу жөрөлгөлөрүн үйлөрдө, ижарага алынган жайларда өткөрүшөт. Диний адабияттарды акысыз таркатуу жана оюн-шоокторду өткөрүү менен өзүнө тартууда. Эммануэль коомунун мүчөсү Наргиза христианчылыкка 2001-жылы кирген:

- 2001-жылы киргем. Ошол жылы менин атамдын каза болгонуна себеп хизбутчулар болгон. Менин христиан динин кабыл алууга ошол катуу түрткү берген.

Тогузторолук Руслан Жунусов карындашы менен төрт жылдан бери «Иса машаяк» тобунда. Бир тууган кыргыз христиандарды ата-энеси түшүнүү менен кабыл алган. Дин кайырларга материалдык жардам берилерин жана түрдүү колдоо көрсөтүлөрүн Руслан четке кагып, Иса машаяк тобунда миңден ашык кыргыз жаштары бар экенин айтты:

- Менин үй-бүлөм билет. Жалалабат облусу боюнча миңден ашык жаштар бар.

Зулайка Калдыбекованын пикири боюнча турмушу начар жана оору-сыркоолуу жаштар исламды чанууда. Ал христиан динине кирген теңтушунун эскерүүсүн ортого салды:

- Ал динге достору ээрчитип баргандан кийин ал бала динге кирип, баардыгыбыздын Кудайыбыз бир экен, бирок Пайгамбарларыбыз гана башка экен деп, мени Германияга кетесиң деп атышат, мен ыраазычылымды берип атам, документтеримди толуктап алып Германияга кетем. Ал жакта ден-соолугум жакшы болсо болду, мен өзүмдүн келечегим үчүн жүрө берем деди.

Облустагы жарандык коомду колдоо борборунун жаш кызматкери Шухрат Айтиевдин көз карашында башка диндер коомдогу түрлүү жагдайлардан пайдаланууда:

- Башка идеология жок. Ошон үчүн жаштар кайда барышын билбей жүрүшөт. Ошону менен башка чет өлкөлүктөр пайдаланып, өзүнүн динине өткөрүп атышат. Бир чогулушка башка 10 адамды чакырышып, баланча доллар беребиз дешсе, барышат. Бул ар бир адамдын жеке иши, бирок мен мусулман болуп туруп өтпөйт элем.

РЕФЕРЕНДУМ БИЙЛИКТИ САКТАП КАЛУУ ҮЧҮН ШЫЛТООБУ?

Кыргызстанда кезектеги референдум 2006-жылдын акыркы үч айынын бирине белгиленип, анда эл өлкөнү башкаруунун формасын аныктайт. Мамлекет башчы муну тастыктаган жардыгын 5-январда чыгарган. Бирок, азыркы бийлик өзүнүн ордун бекемдөө аракетин жасап жатат деп санаган айрым саясий күчтөрдүн баамында референдум коомду кайрадан чыңалууга кирептер кылышы ыктымал.

Референдумга чейин элге мамлекеттик түзүлүш жана аны башкаруунун формалары, Конституциялык реформага байланышкан башка маселелер боюнча түшүндүрүү өнөктүктөрү жүрөт. Бул февраль айынан тарта мамлекеттик кызматкерлер арасында, жер-жерлердеги өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдар, жалпы коомчулук арасында ырааттуу жүрүп, ал ар бир жаранга мамлекетти башкаруунун тигил же бул формасын терең ойлонуп, тандоого шарт түзүү аракетин жасайт.

Референдум маселесинин көтөрүлүшүнө март окуясынан кийин башталган конституциялык реформанын алкагында мамлекетти башкаруу формасын өзгөртүү тууралуу демилгелердин пайда болушу түрткү берген. Кийинчерээк конституциялык кеңешменин декабрда өткөн акыркы отурумунда президент бул маселени элге кеңешип, чечүү зарыл деген көз карашын билдирген.

Мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо үчүн референдум өткөрүү керек деген демилгечи тараптардын бараандуусу – «Асаба» саясий партиясы баштаган революциячыл бир катар саясий партиялардан турган «Кыргызстан» биримдиги. Референдум демилгесин алгачкылардан болуп көтөргөн «Эркиндик» саясий партиясы башка демилгечилерден айырмаланып, референдумга парламентти таратуу, сотторду бириктирүү өңдүү маселелерди да киргизүүнү жактап жатат.

Бирок, жаңы түзүлгөн демократиялык күчтөрдүн элдик коалициясына бириккен айрым саясатчылар референдумду өлкөдө жаңы кризисти жаратуу ыктымалдыгы бар жол катары санашат. Алардын бири «Демократиялык күчтөр биримдиги» партиясынын лидери Кубатбек Байболов эч нерсе жасабай койгондон көрө референдум жасап коюу алда канча өөдөлүк кылат дейт. Бирок, анын оюнда бул жол аркылуу бийлик өз жоопкерчилигин элге артып коюп атат:

- Өздөрүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти көбүн эсе өздөрүнө ала албай, жоопкерчиликтен качып, элге сала берген атат. Референдумга алып чыгуу – бул кризистик жол. Бул социалдык кагылышууларга алып келиши мүмкүн.

Коалиция дээринде референдумга каршы эмес, бирок, кандай жол аркылуу болсо да, мамлекеттин парламенттик башкарууга өтүшүн жактайт. Ошондуктан, жардыктын негизинде элге бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө даяр. «Атамекен» социалисттик партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин спикери Өмүрбек Текебаевдин көз карашында өлкөгө кайсы башкаруу оңтойлуу болорун азыр эл гана эмес, президент өзү да түшүнө элек:

- Жардык али президент өзү да кайсы башкарууга артыкчылык берерин аныктай электигин жана элге өз сунушун айта албай жаткандыгын далилдөөдө. Ошон үчүн эл менен кеңешкиси келип жатат. Коалициянын тигил же бул системанын артыкчылыгын элге түшүндүрүү аракети азыр учурдун актуалдуу маселеси болуп атат.

Айрым талдоочулар референдум элге эч кандай пайда алып келбейт деп санашат. Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин көз карашында референдум мамлекеттик бийлик бутактарында отургандардын ар бир тарабы өз бийлигин сактап калуу максатында ойлоп тапкан шылтоосу жана бул мамлекетти кыйнагандан башка пайда бербейт:

- Менимче, референдумдун эч кандай кереги жок. Парламенттин азыр бийлиги жок бекен? Министрдин баарын дайындап атат. Президенттин жардыктарына көңүлүн буруп атат. Өкмөттүн курамына талапкерлерин киргизип атат. Эми андан ары эмне кылышы керек.

Бирок, саясат таануучу саясий күчтөр ортосундагы тирешүүлөрдү элдин кызыкчылыгына доо кетиргидей абалга жеткирбестин жалгыз аргасы – мамлекет башчынын калыстыгында дейт:

- Бийлик атасы же президентибиз өзүнүн үлгүлүү жолу менен, айткан сөзү менен иштин салмагы бир болсо, анда эл ишенип, парламенттик мамлекет болобу, президенттик мамлекет болобу же кошулма мамлекет болобу, эч жагына көңүл бурбай кете бермек.

Президент Курманбек Бакиевди туруктуу позициясы жок деп сынга алган кыйла саясатчылар Конституциянын жаңы долбоорун 2006-жылдын биринчи жарымында парламент аркылуу кабыл алып, анын соңунан парламентке кошумча шайлоо жүргүзүү демилгеси менен чыгып жатышат. Мындай аракетти президент өзү баштаса анын аброю үчүн андан бетер жакшы деп эсептешет. Алардын оюнда бул жол кезектеги кризисти кыйгап өтө турган жумшак жол.

ҮЗҮЛБӨГӨН ҮМҮТ, КЫРГЫЗСТАН ОЛИМП ОЮНЧУЛАРЫН ЖЕҢЕ АЛЫШПАЙТ, АЛАРДЫ АТЫП ӨЛТҮРҮШӨТ

15 жыл аралыгында Кыргызстан эмне жоготуп, эмнеге жетишти? Жаңырган жылда өткөнгө сереп салып, болочокко тилек-максат коюу жөрөлгөсү жашап келатат. Жаңы жылда белгилүү балбан, спорт чебери Раатбек Санатбаев киши өлтүргүчтүн огунан набыт болду. Олимп оюндарынын чеберин жеңе алышпайт, атып өлтүрүшөт, деп белгиледи «МСН» гезити.

«Олимп оюндарынын чеберин Кыргызстанда жеңе алышпайт, аларды өтүп өлтүрүшөт». Мына ушундай аталышта 10-январдагы «МСН» гезити макала жарыялады. Журналист Юрий Груздовдун маалымдашынча, ушу тапта Раатбек Санатбаевдин атып өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин иликтөөчүлөр бир топ версияларды такташууда. Ошондой болжолдордун бири - Кыргызстандын Олимпиада комитетинин төрагасы болушу ыктымал спорт чеберинин көзүн тазалоого кимдер кызыкдар болушу мүмкүн суроосу. Кыргызстан улуттук олимпиада комитетиндеги абал акыйкатта да кабатырлантар кыйын учурда, деп белгилейт макала автору.

Эгер кырдаал курчуй берсе Кыргызстан дүйнөлүк олимпиада оюнунан сырт калышы толук ыктымал. Кийинки кездердеги бул жердеги абалга кабатыр болгон эларалык олимпиада комитети Бишкекте өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын баарын кылдат текшерип, бир топ программаларды жаап, каржылык колдоону токтотуп койгон, деп улантат гезит.

"Улуттук олимпиада комитетине мурдагы президенттин уулу Айдар Акаев президент болуп шайланышын эларалык олимпиада комитети сүйүңкүрөбөй кабыл алган. Улуттук олимпиада комитетинин жетекчисине артынан кылаң сөз ээрчитпеген таза спорт кишиси келишин эларалык олипиада комитети апачык эскерткен", деп кабарлайт Юрий Груздов. "Жетекчиликке татыктуу азаматтардын бири Ратбек Санатбаев болчу", дейт макала автору.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитети өз уставын тезирээк кабыл алууга чакырганын «Вечерний Бишкек» гезити да маалымдады.

А.Акаевдин тушунда өкмөт башчылары тогуз ирет алмашкан. Мурдагы бийликтен калган проблемаларды оңуна чечүү үчүн Кыргызстанга дагы кыйла убакыт сарп кылынат. Биз азыр аяк-башы көрүнбөгөн тешкен тоонун ичинде эмес, кайда барарыбызды билбей кайсалап чырмалыш жолдо адашып турган кезибиз, деп жазат Вячеслав Тимирбаев «Үмүттүн билиги үзүлбөйт» деген макаласында.

«Кыргыз туусу» гезити А.Акаевдин тушундагы алтын чатагы боюнча макала жарыялады. 1991-жылы башталган алтын чатагынын анабашында «Сиабеко групп» компаниясынын жетекчиси Борис Бирштейн менен а кездеги Кыргызстандын президенти А.Акаев турган, деп белгилейт журналист Ю.Груздов.

Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү жана реконструкциялоо боюнча комитеттин төрагасы болуп дайындалган Б.Бирштейн, анын Кыргызстанга келишине чоң көмөк көрсөткөн Санжарбек Айтматов А.Акаевдин ишенимине кирип, канадалык «Камеко» корпорациясы «Кумтөр» алтын кени боюнча тендерде утуш алып, Кыргызстандан Б.Бирштейндин учагы менен 1 тонна 636 кило алтынды аффинаждоо үчүн Швейцарияга ташылып кеткен, деп маалымдайт макала автору.

«Камеко» компаниясы он жылдык салык жеңилдигинен болушунча пайдаланып, жылына 14 тонна алтын казып алууну 20-25 тоннага жеткирип, келишимде белгиленген көрсөткүчтү сактаган эмес. 157 тонна алтын салыгы төлөнбөй ташылып чыгарылып кеткен, дейт Ю.Груздов.

Айдар Акаев менен Адил Тойгонбаевди кармап берүүгө Орусия менен Казакстандын күч органдары көмөк көрсөтө тургандыгын жаңы жылдык санында «Эркинтоо» гезити маалым кылды. Экс-президенттин уулу менен күйөө баласына экономикалык кылмыш жасашкан деген күнөө коюлууда. Гезиттин кабарлашына караганда, орусиялык ички иштер кызматкерлеринин көмөгү менен Кыргызстандын абак жайлар башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Владимир Носов менен маалымат ресурстары, технология жана байланыштар улуттук агенттигинин экс-директору Юрий Лысогоровдор кармалган.

Кычыраган аязда болгон оорчулуктун бардыгы электр энергиясына түшүп жатканын «Вечерний Бишкек» гезити жазып чыкты. Эртели-кеч колго жасалган жылытуучуларды коюшкан шаардыктардын азабынан электр жабдуулары бузулуп, көбүнесе жарык өчүрүлүп калууда, деп маалымдайт З.Федорова. Гезиттин ырасташынча, миңдеген шаардыктар, айылдыктардын кыйласы жаңы жылды жарыгы жок караңгы үйлөрдө тосушту.

Журналист Данияр Каримовдун макаласында студент жаштардын жаңыланчу Конституцияга киргизчү сунуштары жөнүндө кеп болот. Адам менен улуттун болгон байлыгы жалаң эле материалдык туйтунууга багытталбастан, ириде адеп-ахлак, рухий өсүп-өнүүнү үгүттөө зарыл. Ушу тапта иштеп аткан Конституцияда 19 берене материалдык байлыкты көбөйтүү милдетин койсо, 14 беренеде социалдык жана рухий өнүп-өсүү тууралуу кеп болот, деп белгилейт «Вечерний Бишкек» гезити.

АЗИЯ ЧЕМПИОНУ РААТБЕК САНАТБАЕВДИ АТЫП КЕТИШТИ

8-январда кечки саат 8 чамасында Бишкектеги 7-кичи районунда инисинин үйүнүн алдынан Азиянын грек-рим күрөшү боюнча эки жолку чемпиону, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Раатбек Санатбаевди белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Раатбектин өлүмү тууралуу ар түрдүү божомолдор айтылууда.

Досторунун жана туугандарынын айтымында 8- январда кечинде өлкөнүн олимпиадалык борборунун директорунун орун басары, белгилүү балбан Раатбек Санатбаев кичи футбол ойноп, андан кийин жуунуп, 7-кичи райондо жашаган Орунбек аттуу инисинин үйүнө машинасын айдап жалгыз барган.

Машинасынан түшүп үйдү көздөй басып бараткан учурда жашынып турган буйуртма киши өлтүргүч тапанчадан ок чыгарып, 4 жолу аткан. Киллердин төрт огунун бирөө Раатбектин мойнун талкалап, оң көзүнөн чыгып кеткенин, калган үч ок денесине тийбей калганын, ооруканага жетпей каза болгонун иниси Орунбек айтып олтурду.

Раатбек чоң саясатка деле аралашпаганын, спорт менен бизнести айкалыштырып, эч бир адамга жаманчылыгы жок, кең пейил жигит болгонун Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Алмаз Касенов айтып мындай деди:

- Кыргыз журтчулугу оор жоготууга учурап, кайгыга батып турган учур. Раатбектин өчөшкөн деле душмандары жок болсо керек. Анын өлүмүн саясатка байланыштырууга деле болбойт. Бизнес менен дагы алектенчү. Анын өлүмүнүн себептерин айтуу кыйын болуп турат. Биз дагы түшүнбөй турабыз. Раатбектин криминалдык элементтер менен эч кандай деле байланышы жок болсо керек. Сөөгү менен коштошуу эртең 10-январда саат 10до Кожомкул спорт ордосунда болуп, Аларча көрүстөнүнө коюлат.

Белгилүү балбан Раатбек 1969-жылы 7-майда Жалалабат шаарында туулган. Бабалары «каманалп» аталып, балбандыгы менен даңазаланган. Раатбек Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жайынан, кыргыз дене тарбия институтунан жана Кыргыз- Славян университетинен билим алган.

Спорт менен 20 жылдан ашуун убакыт машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан. Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп, Азия оюндарында эки ирет күмүш байге уткан. Кыргызстандын көп жолку чемпиону аталып, 7 жолу жылдын мыкты балбаны катары сыйланган.

Дүйнө чемпионатында коло байгелүү болуп, Атланта жана Сидней олимпиадаларында өлкөнүн намысын коргогон. 12 ирет эл аралык Гран-при мелдештеринде жеңишке жетишкен.

Спорттогу ийгиликтери «Даңк» медалы, Улуттук олимпиада комитетинин ордени менен бааланган. Чоң спорттон кеткенден бери өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуу менен бирге ишкерчилик кылып, Ортосай базарында дүкөндөр павлионун, Асанбай кичи районуна бараткан жол жээгинде ресторан куруп, курулуш иштери менен дагы алектенген.

Былтыр 24-марттагы ыңкылапта спортчулар элге каршы чыкпаганын, спорт кийимчен чоочун адамдар спортчуларды жаманатты кылышканын Раатбектин мындайча айтканы бар эле:


- Дүкөндөрдү тоноп, талкалап жаткандар спортчулар эмес. Биз күбо болдук, элге каршы спорттук кийим кийген жигиттер каршы турушту. Биз эл менен ошол ак шапкечен жигиттердин тирешүүсүн 19 мүнөт токтотуп турдук. Спортчуларды жаманатты кылууга аракет кылып жатышат. Бул туура эмес пикир.

Раатбек менен үзөңгүлөш курбу болуп, бирге күрөшүп, кийин бирге иштеп жүргөн грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн улук машыктыруучусу Эмил Алыкулов анын адамчерчилик сапаттарын эскерип, каңырыгы түтөйт:

-Өлкөнү дүйнөгө тааныткан Раатбектин Кыргыз спортуна кошкон салымы зор эле. Ал түгүл Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет Азия чемпионатында эки жолу алтын байге утуп алган. Ошондой эле 1994-жылы Хиросимада өткөн Азия оюндарында өлкөнүн тарыхында биринчи болуп күмүш байгени утуп, кыргыз туусу обого көтөрүлүшүнө Раатбек чоң үлүш кошкон. Кыргыз спорт тармагы оор жоготууга учурап, кабыргабыз кайышып турат.

Спорт коомчулугу Раатбекти жакында боло турган Улуттук олимпиада комитетинин жыйынында бул уюмдун мүчөлүгүнө көрсөтүп, жетекчи органына сунуштап жатышкан. Ошондой эле анын өлүмүнүн бир божомолу бизнесине байланыштуу деген жоромол да айтылууда. Анын өлүмү боюнча ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүп жатканын маалымдашты. Азырынча эч кандай божомол, шектенүүлөр айтыла элек.

Раатбек Санатбаев менен коштошуу митинги 10-январда Кожомкул атындагы спорт ордосунда саат 10до болмокчу.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG