Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 12:59

Кыргызстан

ЖУСУПЖАН ЖЭЭНБЕКОВ: "КАЙСЫ СЕБЕПТЕН КЫЗМАТТАН БОШОГОНУМ БЕЛГИСИЗ"

Президент чечими менен Жалалабат облусунун губернаторунун милдетин аткаруудан бошотулган Жусупжан Жээнбековду жергиликтүү эл өкүлдөрү кетирбей, губернатор ордуна өздөрү алпарып отургузушту. Эч жакка кетпей иштөөсүн талап кылышты. Экс-губернатор Жусупжан Жээнбеков “Азатыкка” берген интервьюсунда кызматтан кайсы кемчилиги үчүн алынганын түшүнбөгөнүн, бийликке анын туугандары аралашпаганын билдирди. Эл менен жолугушуу учурунда Жээнбеков президенттик администрациянын жетекчиси Үсөн Сыдыковго президенттик кызматка Курманбек Бакиевдин инилерин эмес, Бакиевдин өзүн шайлаганын өлкө башчысына айта барууну өтүндү.

- Жусупжан Амражанович, губернаторлук кызматтан эмне себептен алынганыңызды билесизби?

- Кайсы себептерден улам алганын мен билбейм, президентке белгилүү болсо керек, бирок мага айткан жок. Мени иштен алганы тууралуу билгеним жок, бул маселени кечээ күнү саат он эки жарымда уктум. 25-январда чакырып атат, барамын, ошол жерде сөз болот, балким өзү толуктап айтып берер. Балким мен оор тармакта керектирмин. Азыр башка губернатор келгиче өзүм жумушта болом.

- Нааразы болгон эл менен жолугушканыңызда президенттин туугандары боюнча доомат айттыңыз, алар сиздин ишке кийлигишти деп ойлойсузбу?

- Аны билбейм, бийликтин ишине, аткаруу бийлигине, президенттик ишке, депутаттык ишке тууган-уругубуз кийлигишпесе. Менин бир тууган уругум кийлигишкен жок, кийлигиштирбейм дагы. Кичине-кичине кийлигишип койду, өзүнө жараша сөз укту, телефондон сүйлөштүк. Медетбек Темирбекович дагы бул тууралуу укту.

- Март ыңкылабы маалында Улуттук банктын Жалалабаттагы бөлүмүнөн жоголгон акчалардын тагдыры кандай чечилүүдө?

- 22 млн. 700 миң акча табыла элек, бирок бул боюнча тергөө жүрүп атат, жиптин учу кармалды сөз деген бар.

- Коллегияда облустун башчысын бошотуу маселеси мыйзамдык деңгээлде чечилдиби?

- Мурдагыдай облустук кеңешти чакырганга болбойт. Себеби облкеңеш азыр жок. Бул программа бир ай мурун түзүлгөн. Ар бир регионго бирден вице өкмөттөн бөлүнгөн адамдар. Ошонун негизинде бөлүнүш керек болчу. Саат он эки жарымда мен кызматтан бошогонумду уккандан кийин, жыйын үч жарымда башталды. Мен келип толук отчетумду берип жана келечекте эмне иш боло турган пландарымды айтып, анан акырында жарлык окулду.

- Экс-губернатор болгонуңуз менен эл сизди кызматтан кетирбей жатышат. Кызмат жагынан сизди ким деп атаса болот?

- Мен он бешинде тамашалап айттым элем, мени губернатор деп шылдыңдабагыла, себеби Акаев мен жөнүндө жарлык чыгарган жок деп. Азыркы күндө мени бий деп эле койсо болот.

- Бийликте Аскар Акаевдин маалында иштегендер жүргөндүктөн кадр саясатын сындаган пикирлер көп айтылууда...

- Кичине катачылыктар кетип атат. Бул менимче жака-белиндеги вазирлердин иши болсо керек деп ойлойм, ханды хан кылган вазирлер деп айтат. Балким вазирлерден кетип атабы. Ал кишинин мойнунда чоң иш бар, бир эле ички саясат эмес, сырткы саясат дагы. Балким, ушак сөздөр жүрүп атабы же ошого ишенип кетип атабы, мен Курманбек Салиевич кандай ойдо экенин айта албайм. Бирок негизинен кайра мурунку бийликтегилердин келип атканы элди жийиркентип атат.

- Шайлоочуларыңыз талап кылгандай, сизди бошоткон жарлык жокко чыгарылбаса, нааразылык кайра күчөйт деп ойлобойсузбу?

-Жок, менин элим түшүнөт деп ойлойм. Эгерде мени суранып, элге келип түшүндүрүп, ушул тармакты тартып бер, ушул жерде иште десе мен иштен коркпойм. Бирок мен үчүн моралдык сокку болуп атат, унчукпастан эле саат он эки жарымда жаңылык кылганы. Менин жүрөгүмө катуу тийди. Бирок Кыргызстындын келечеги үчүн, тынччылыгы үчүн өзүмдү токтоо кармаганга аракет кылам. Бул жерден эч кандай саясий оюнду чыгарбоого аракет кылам.

ОШ : КЕРЕК-ЖАРАК КООМДОР БИРИКМЕСИНИН МҮЛКҮ МЫЙЗАМДУУ САТЫЛГАНБЫ?

Кубанычбек Жолдошев, Ош 60 миллион сомдук мүлктү мыйзамсыз менчиктештирип жибергендиги үчүн Ош облустук керек-жарак коомдор бирикмесинин төрагасы Мамат Орозбаевдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, Карасуу райондук сотунда каралган жатат. Бул жөнүндө жакында облустук керек-жарак коомдор бирикмесинин жалпы чогулушунда Оштогу коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комиссиясынын төрагасы Шарап Эгембердиев билдирүү жасаган. Мамат Орозбаев өз кезегинде бийликке таянган айрым күчтөр мыйзамдуу менчиктештирилген мүлктү кайра бөлүштүрүүгө аракет кылып жатканын белгилеген.

Ош облустук керек-жарак коомунун мүлкүнүн мыйзамсыз сатылып кеткендиги боюнча төрт кылмыш иши козголуп, сотко берилген. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комиссиянын төрагасы Шарап Эгембердиевдин айтымында Мамат Орозбаев 1999-жылдан бери 60 млн. сомдук коомдук мүлктү мыйзамсыз менчиктештирип жибергендиги үчүн айыпталууда.

- Мыйзамсыз арзан менчиктештирилген Мамакеев эс алуу жайы, товардык база, Куршаб кооперациясы боюнча кылмыш иш козголду. Мамакеев эс алуу жайы боюнча бир эмес, эки иш козголду. Орозбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши Карасуу райондук сотко өттү – деп билдирген Шарап Эгембердиев.

Бул айыптоолорду өз кезегинде Мамат Орозбаев негизсиз деп четке кагып келатат. Анын айтымында кайсы бир бийликке таянган күчтөр тарабынан менчиктештирүүнүн жыйынтыктарын кайрадан карап чыгуу шылтоосу менен сатылып кеткен мүлктү тартып алууга аракеттер жасалып жатат:

- Кооперациянын мүлкү бул жеке менчик. 60 миллион дейби, 600 миллион дейби алардын иши эмес. Менчик ээси закон боюнча өз мүлкүн өзү каалагандай башкарат, каалагандай пайдаланат. Кааласа сатат, бекер сатабы, кымбат сатабы, арендага береби ал өз иши. Эс алуу жайы боюнча айткан сөздөрү кайра көз кызартып, ошол жерге иштейин, басып алайын, тартып алайын деген саясат болуп атат азыркы мезгилде.

Жергиликтүү байкоочулардын баамында марттагы окуялардан кийин областта менчик талашуу күчөгөн көрүнүшкө айланды. Мыйзамсыз менчиктештирилген деген негизде башкалардын мүлкүнө көз артып, мыйзамсыз тартып алуу аракеттери жасалууда. Керек-жарак коомдор бирикмесиндеги чыр-чатактын төркүнү да ушул жакта жатышы ыктымал.

- Жаңы бийликке келгендер мурдагы Акаевдин тушунда менчиктештирилген обьектилерди ар кандай, көбүнчө коркутуу, шантаж, мыйзамсыз жолу менен тартып алууга аракет кылууда. Башкача айтканда бийлик элитасынын арасында байлык талаш, менчик бөлүштүрүү жүрүп жатат“, - деди “Ош жаңырыгы” гезитинин редактору Абдувахап Мониев.

Менчик талаш бул жакта кандуу кагылышууларга чейин алып келүүдө. Өткөн жылы май айында Ош шаарындагы “Алай” мейманканасынын, Карасуудагы ири базардын айланасында дагы менчик талашкан чатак чыгып, жаатташкан тараптар кагылышып кеткен. Ушул окуядан кийин Карасуу базарынын башкаруучусу Абдалим Жунусов жан сакчысы менен кошо үйүндө атылып өлтүрүлгөн. Азыркы убакта бул кылмыштын бети толук ачыла элек, соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан кез. Мүлк талашкандар арасында болгон ушундай кейиштүү окуялардан улам коомчулук барган сайын сарсанаа ойго батууда.

Ж.Жээнбеков президенттин бир тууганы ишке кийлигишип жатат деп билдирди

БИШКЕК. Эл Жусуп Салиевич Бакиевди эмес, Курманбек Салиевич Бакиевди шайлаган. Ушуну президентке айта барыңыз, деп билдирди Жалалабаттын губернатору болуп келген Жусуп Жээнбеков 20-январда Жалалабатта өткөн жыйында президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыковго карап:

- Бакиев Курманбек Салиевичти президент кылып шайлаган… Жусуп Салиевичти эмес… Мени коркутканды токтотсун! Анча-мынча адамдардын башы кетип жатат – мен коркпойм!.

Жусуп Жээнбековдун айтымында, ал эки-үч күн мурда президенттин бир тууганы Жусуп Бакиев менен телефон аркылуу сүйлөшкөн жана ага облустук бийликтин ишине кийлигишпөөнү өтүнгөн. Үсөн Сыдыков болсо өз кезегинде губернаторлор түндүк облустардан түштүккө, түштүк облустардан башка облустарга ротация болоорун, бул - эл арасындагы ынтымакты чыңдоо максатында жасалып жатканын белгиледи:

- Ошол региондун кадрлары эл менен иштеп, түшүнсүн, элди билсин, журтту билсин деген максат менен ротация деп жатабыз. Бир эле Жалалабат эмес, баардык облустарда болот ротация…

ЖАЛАЛАБАТ: ГУБЕРНАТОРДУ АЛМАШТЫРУУДАН ЧЫККАН НААРАЗЫЛЫК УЛАНУУДА

Рысбай Абдраимов, Жалалабат Жалалабатта Жусубжан Жээнбековдун губернатордун кызматынан алынганына байланыштуу нааразылык чыгып, эл чогулуп, кечээтен бери кырдаал курчуду. Беш жүздөн ашык адам облакимчиликке доомат билдирип келишти. 18-январда президент К.Бакиев Жусубжан Жээнбековду кызматынан бошотуп, анын ордуна Таластын губернатору Искендер Айдаралиевди дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койгон. Президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков Жалалабатка барып толкуган элди тынчтандырууга аракет кылды. Бирок, жалалабаттыктар губернаторду алмаштыруу тууралуу Президент чечимин чакырып алууну көгөрүп талап кылышып, Жусупжан Жээнбековду өздөрү кайра губернатордун иш кабинетине алпарып отургузушту.

Облустук бийликтин жыйындар залында өткөн жыйынга катышкандар губернатор Жусупжан Жээнбековдун иштөөсүнө мүмкүндүк бербей, кызматтан кыска убакытта алынышына катуу нааразылыктарын айтышты. Алар Жээнбековду кызматтан бошотуу жөнүндө чечимди кайра чакырып алууну, кадр саясатын туура жүргүзүүнү Президент администрациясынын жетекчиси Үсөн Сыдыковдон талап кылышты.

- Парламентте баары Акаевдин адамдары. Эгерде Жусупбек Жээнбековду иштетпесеңиз, өзүңүз да отставкага кетиңиз,- деди Cузак районунан келген Жамал Борбиева.

Нааразылык жыйынга чогулгандардын баары эле Президент жарлыгына каршы чыгып жатышкан жок. Келгендердин арасында мамлекеттик кызматчылар бийликти менчиктештирбей, президент жиберген жакка барып иштөөсү зарылдыгын белгилеген адамдар да болду.

- Элди топтоо бул жетекчинин иши эмес. Ар ким бийликти менчиктештирип алган жери жок да. Президент өзү билет кимди кайсы жака ротациялоону. Азыр айтып атышат жалаң эле түштүктүктөр ээлеп алды, түндүктүктөр барган жок деп. Мына түндүктөн алып келди, түштүктөн түндүккө алып барсын. Бул жерде ынтымактуулукту сактап калыш керек. - деди “Жаңы Кыргызстан” партиясынын өкүлү Кален Калбаев.

Президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыков өлкөдөгү ички саясатты түшүндүрүп, Жээнбеков нааразы болгон губернатордун милдетин аткаруучу деген мыйзамды парламент эки жолу кабыл албай койгондуктан, мыйзамга ылайык президент өз укугунан пайдаланганын белгиледи. Анын айтымында мындан ары элди аймактарга бөлбөө үчүн губернаторлорду орун алмаштыруу жөрөлгөсү улантылат:

- Региондун кадрлары эл менен иштеп, элди-журтту билсин деген максат менен ротация деп атабыз. Бир эле Жалалабатта эмес, бардык облуста ротация болот.

Эл өкүлдөрү Жээнбековдон губернаторлук кызматтан башка ишке барбоону талап кылышып, маселе чечилгиче бийлик алдында болоорун эскертишти.

Жусубжан Жээнбековдун губернатор кызматынан алынганына байланыштуу нааразылык кечээ кечинде башталган. Түнү менен Жалалабат администрациясынын имаратында жыйырмадай аял нааразылык билдирип, ошол жерде түнөп чыгышты. Президент чечимине нааразылык билдирип 21 айыл өкмөт башчысы, жети райондун акимдери күбөлүктөрүн таштап, иштерин аткаруудан убактылуу баш тартышканын билдиришкен. Алар Президент Жарлыгы кайра чакырып алмайынча кетпей, элди нааразылык акцияларына көтөрө тургандыктарын эскертишти.

МАМЛЕКЕТ- ДИН: ЦИВИЛИЗАЦИЯЛУУ МАМИЛЕ ЗАРЫЛ

Азыркы ислам менен мамлекеттин ортосундагы мамиле-катыш кандай болушу керек? Мына ушул проблема Бишкекте өткөн «тегерек үстөл» жыйынында талкууланды. Азырынча мамлекет менен салттуу дин өкүлдөрүнүн ортосунда демократиялык мамиле-катыш орной элек.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчи орунбасары Канат Мырзахалиловдун маалымдашынча, ушу тапта Кыргызстанда 1600 ашуун мечиттер каттоодон өткөн. Кыргызстан эгемендик алганга чейин 39 мечит болгонун эсепке алганда, мечиттердин саны канчалык эсе арбыганын эсептеп чыгууга ашкан акылдын деле кереги жок.

- Жалпысынан алганда, Кыргызстанда ушу тапта 1 ислам университети, ислам багытындагы 6 институт, 48 медресе иштеп жатат. Мындан тышкары үч чет элдик уюм – Ахмадия мусулман жамааты, голландиялык Аль-Вакф Аль-Исламия фондунун өкүлчүлүгү, Ихсан-Хария фонду иш жүргүзүүдө. Ушу тапта иштеп аткан 1639 мечиттин Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин, мурдагы дин боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан 1619 мечит өткөн. Үч медресе каттоодон өтө элек,- деп билдирди Канат Мырзахалилов.

Бирок да расмий өкүлдүн билдирүүсү айрым эл аралык уюмдардын маалыматына кайчы келери жыйында белгиленди. Кыргызстанда ушу тапта 2000 ашуун мечиттер салынган. Алардын айрымдары улуттук, этникалык ажырымга бөлүнүп, дин өкүлдөрүнүн нааразылыгын жаратып келатканы да белгиленди. Стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Кадыр Маликов диний жетекчилик уюму терең реформалоого муктаж деп айтты:

- Биздин милдет, мен муну сунуш катары да айта кетким келет, диний башкармалык институтун терең реформалоо керек, анын кадр саясатын өзгөртүү зарыл. Мамлекет терең билимдүү диний адистерди даярдоого көмөк көрсөтүшү абзел. Диний башкармалыктын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, динди, башка илимдерди мыкты билген адистерди даярдоо ишин жолго коюу милдети турат.

Акыйкатта да мамлекет тарабынан мына ушул ишке терең маани берилбегендиктин айынан эки ажырым жалаң диний түшүнүктөрдү туу туткандар менен аны караманча тангандардын ортосунда түшүнбөстүктөр келип чыгууда. Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орунбасары Молдошакир Сайдуллаевдин ырасташынча, динди, ошондой эле башка илимдерди мыкты өздөштүргөн ар тараптуу адистерге Кыргызстан ушу тапта чукак.

- Туура, бул эми гана 90-жылдардан кийин бизде диний медреселер ачылды. Иншалла, буюрса болот, билимдүүлөр болот, светский билимдүүлөр болот, бир эле кишиде светский билим да, диний билим да болот деген үмүттөбүз.

«Общественный рейтинг» гезитинин саясий баяндамачысы Сыргак Абдылдаев башта атеизм менен жашап келген калктын жапырт динге өтүшүнүн себеп-жөнү социалдык шарттардан улам болууда деп эсептейт.

- Мында негизинен, дыйкандар, жакыр жашагандар көбүрөөк. Анан да исламдын өнүгүш проблемасы комплекстүү негизде чечилиши керек. Эмне үчүн дегенде, биздин калктын 80% жакынын кедей жашагандар түзөт, айрым маалыматтарга караганда, анын 40 – 45% өтөле жакыр үй-бүлөлөр. Социалдык турмуш-тиричилик маселеси чечилбеген адам кайда барат? Исламга, динге, андан колдоо табат.

Стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Аман Салиев мамлекет динге кийлигишүүсү керек дейт. Бирок бул жерде белгилүү чек болушу зарыл.

- Себеп дегенде ал мамлекеттин коопсуздугу менен байланышкан. Дин менен мамлекеттин катышы тууралуу кеп болгондо ортодогу чекти аныкташ алыш зарыл. Кайсы жерде кийлигишүү туура, кайсы учурда кийлигишпөө керектигин мамлекеттин аныктап алганы оң. Ушу таптагы Кыргызстан мусулмандарынын муфтиятындагы башаламандыктарга мамлекет башчысы кийлигишкени туура эле болмок деп ойлойм,- дейт Аман Салиев.

Дин менен мамлекеттин мамилеси алмустактан бери козголуп эченкыр окуялардын себепкери болуп келатат. Жыйында белгиленгендей, азырынча Кыргызстанда дин менен мамлекеттин карым-катышы цивилизациялуу деңгээлге жете элек.

Курманбек БАКИЕВ : ОЛИМПИАДАЛЫК КОМИТЕТТИН КЫЛМЫШТУУ КОЛГО ӨТҮШҮНӨ ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ

Улуттук олимпиадалык комитет ушул кезде түзүлгөн жагдайдан татыктуу чыгууга тийиш жана бул уюмду криминалдаштырууга жол берилбейт. Бул жөнүндө президент Курманбек Бакиев 20-январда дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн улуттук форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Президент мурда бул тармакка көңүл бөлүнбөй, спорт имараттары таланып-тонолуп же сатылып кеткенин, айрыкча айыл жергесинде спортко дилгир жаштар арбын экенин, аларга шарт түзүп, камкордукка алуунун зарылдыгын белгиледи.

Өз сөзүндө Бакиев өлкөнүн калкынын 8 пайызы гана дене тарбиясына маани берип, спорт менен машыкса, мектеп окуучуларынын 80 пайызынын ден соолугу начар экенин, акыркы учурда аракечтердин саны 4 эсеге көбөйгөнүн айтты.

Өлкөдөгү 800 спорт мектебинин көбү жабылып, 80 мектеп гана иштеп жатканын кошумчалады. 1-майга чейин өлкөдөгү бардык спорт жайларды калыбына келтирип, оңдоп калк кызматына даярдоону аким, губернатор, министрлерге тапшырды. Ошондой эле Кыргызстанды дүйнөлүк аренага тааныткан спортчуларга жылына 5 үй сыйлык катары берилээрин билдирди.

-Улуттук олимпиадалык комитет ушул кезде түзүлгөн жагдайдан татыктуу чыгууга тийиш-деп билдирди Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев улуттук форумдун учурунда.

Президент Кыргызстандын эл аралык олимпиадалык комитеттен чыгып калышы уят болоорун айтып, кеңешип кризистен чыгуу керектигин билдирди.

Олимпиада комитетинин криминалдашуусуна жол бербей тургандыгын Кыргызстандын премьер министри Ф. Кулов дагы мындан мурда спортчулар менен жолугушууда билдирген.

БЮДЖЕТ 2006: ПАРЛАМЕНТ АКИМЧИЛИК ЧЫГЫМДАРДЫ КЫСКАРТУУНУ ЧЕЧТИ

Аманбек Жапаров,Бишкек Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети 2006-жылдын бюджетинде административдик аппаратты кармоого чыгымдарды азайтууну бир катар министрликтерден талап кылды.

Парламенттин бюджет жана каржы комитетинин 20-январда болгон жыйынында мамлекеттик бюджеттин экинчи окуусу өткөрүлүп, анда министрликтерге бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын кандайча жумшалышы, кошумча канча каражат бөлүнүшү тууралуу маселелер козголду. Аталган комитеттин мүчөлөрү быйыл кыш оор болуп кар калың түшкөнүн, айттырбай келүүчү кырсыктардын алдын алуу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кандай даярдыктарды көрүп жатышканын, мурда депутаттар тарабынан сунушталган иштердин канчасы аткарылганы тууралуу министр Жаныш Рүстөмбековго суроо узатышты. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бюджеттен 190 млн. сом каралганын, суу алып кетүүчү аймактарга тосмолорду курууга кошумча 200 млн. сом каражат керектигин белгиледи. Анын айтымында, өткөн жылы Каржы министрлиги кырсык болуучу аймактардын алдын алуу иштерине 20 млн. сом каржы бөлүп бербей койгондугунун кесепетинен айрым жерлерде суу ташкыны, жер көчкү жүрүп мамлекет 700 млн. сомго зыян тарткан. Депутаттар Экономика жана каржы министринен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кошумча каражат табууну сунуштады. Ал сунушка каржы министри Акылбек Жапаровдун жообу төмөндөгүдөй болду:

-Кайсы жерде коркунуч туудурган жайлар болсо биз аны карап чыгып, алдын ала каржылоого даярбыз. Бирок былтыркы ГУИНдиктиндей 20 млн. сомду парламенттин токтому, өкмөттүн кийлигишүүсү менен бөлдүргөн. Мына «Вечерний Бишкек» гезитинин кечээги санында жазылган макаланы окуган чыгаарсыңар, бизге келген кагаздар боюнча 2 млн. сомго тор зымдарды алган. Калганын укук коргоо органдары да таба албай жатат. Эгерде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ошондой бөлөк жакка жумшабайбыз, кепил болуп беребиз, деп программасын сунуштаса анда биз беребиз,- деди Акылбек Жапаров.

Маданият министри Султан Раев маданият тармагына 102,7 млн. сом бөлүнгөнүн, бул көрсөткүч өткөн жылдагыга салыштырмалуу кыйла аз экендигине, жүз күндүк маданият программасын ишке ашырууга да каражат жетпей калуу коркунучу бар экендигине токтолду. Депутаттар Акматбек Келдибеков, Темир Сариев маданият министрин бюджетке министрликтин аппаратын кармоого көп каражат сарпталарын жана айыл маданиятын тез аранын ичинде колго алууну айтып сынга алышты. Бирок социалдык маселелер боюнча комитеттин төрагасы Бектемир Мурзубраимов маданият министринин сунушун колдоп кетти:

- Жаңы маданият министрлигин түзгөндөн кийин жардам беришибиз керек. Эч болбосо министрлик сураган каражаттын 50 млн. сомун берүү боюнча биздин комитет колдойт. Сиздер да колдоп койсоңуздар.

Өнөржай, тышкы соода жана туризм министри Алмаз Атамбаев чет өлкөлөрдө соода өкүлчүлүктөрүн ачуу боюнча министрликке көрсөтмө болгондугун жана ага бюджеттен акча каралбай калганын айтып, кошумча 7 млн. сом бөлүүнү өтүндү. Ошондой эле туризм тармагына да 4 млн. сом кошууну сунуштады. Айрым депутаттар Кадамжай, Хайдаркен комбинаттары жана башка өнөр жайлар иштетилбей өкмөт мүчөлөрү курулай убада берүү менен эле чектелип калышканын айтышып, министрди сынга алышты.
- Инвесторлор келмейинче, акча болмоюнча өнөр жай эч качан өзү иштеп каражат таппайт. Анткени таарынбагыла. Биздин Кыргызстандын чоңдору иштеп жаткан ишкананы талкалап, ичип-жеп чөнтөгүнөн бир тыйын каражат жумшабайт. Анан кантип өндүрүштү оңдойбуз. Ал эми түзүк менеджер-жетекчи келсе ал өнөр жайды өстүрөт,- деп жооп берди министр Алмаз Атамбаев.

Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында Транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулаймановду да айрым депутаттар катуу сынга алып, жол корунан жыйналуучу 1 млрд сомду иштетүүгө көңүл буруусун айтышты. Сулайманов эгерде жол корун бир жылда иштетип кете турган адам кепилдигин алып көзү жете турган болсо, ээлеген министрлик кызматтан азыр эле кетүүгө даяр экендигин билдирди.

Аталган комитеттин төрагасы Акматбек Келдибеков аппаратты кармоо каражатын Жогорку Кеңештин бюджетинен кыскартууну баштап, министрликтердин аппараттарына жумшалуучу каражаттарды кайрадан карап чыгууну сунуштады. Анын сунушун депутат Темир Сариев колдоду:

-Бюджеттин экинчи окуусуна биз премьер-министр келет. Биз ошого даярдайлы. Бөлүмдөр сиздер да иштеп чыгып, кескин түрдө жетекчиликтеги аппаратты кармоого жумшалуучу каражаттын 20-25 пайызын кыскартышыбюыз керек. Эгерде биз акчаны кыскартпасак, булар аппараттагы адам санын кыскартпайт экен.

Парламенттин бюджет жана каржы комитети дүйшөмбүдө күч структураларына, Билим, илим жана жаштар саясаты боюнча министрлигине бюджетте көрсөтүлгөн каражаттарды кароону улантышат.

«ТАСМА»: «АЛТЫН ГЛОБУС–2006», РУСЛАН МАШАРАПОВДУН «ЭДЕМ АЛМАСЫ», ОРУСИЯЛЫК «ТҮНКҮ КҮЗӨТ» АТТУУ ФИЛЬМ.

Төрөкул Дооров, Москва. Эми назарыңыздарда «Азаттыктын» ар аптанын бейшемби күндөрү ушул убакта обого чыкчу «Тасма» программасы. Бул жолу берүүнүн автору Төрөкул Дооров Голливуддун «Алтын глобус» сыйлыгын утуп алган фильмдер жана орусиялык «Түнкү күзөт» аттуу тасма жөнүдө айтып берет. Сиздер ошондой эле Кыргызстандык режиссер Руслан Машараповдун «Эдем алмасы» аттуу кыска метраждуу фильми жөнүдө Жаннат Токтосунованын макаласын угуп, кино дүйнөсүндөгү соңку кабарларды тыңдай аласыздар.

УЮШКАН КЫЛМЫШТУУЛУККА ЭМНЕ ҮЧҮН МАМЛЕКЕТТИН АЛЫ ЖЕТПЕЙ ЖАТАТ?

Кыргызстанда улам барган сайын оор кылмыштын саны өсүп баратат. Айрыкча буюртма киши өлтүрүү токтогон жери жок. Ага каршы милиция кантип күрөшүшү керек? Бул коомчулук козгогон олуттуу маселелердин бирине айланды.

Расмий маалыматтарга караганда, 2000-жылдан бери эле киши колдуу болуп өлгөндөрдүн саны 32ге жетип, өмүрүнө кол салуу боюнча 6 факт катталган. Алардын ичинде март окуясынан бери өлтүрүлгөндөрдүн саны эле онго жетти. Ички иштер министри Мурат Суталиновдун айтымында, буюртма киши өлтүрүүнү түп-тамырынан жок кылуу мүмкүн эмес. Бирок, кыргыз милициясы анын санын азайтуу үчүн колдон келген аракеттерди жасап келатат. Министр өлүмдү алдын алуу, кылмышкерди издөө өңдүү маселелерде милициянын каруусу бекем болбой жатат дейт. Муну техникалык жабдуулардын начардыгы, милиция кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоочу мыйзам базалары жетишсиздиги өңдүү маселелер менен негиздейт. Ошондуктан, тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө кызыкдар.

Маселен, кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерин мурдагыдай 20 жылдык эмес, 30 жылдык мөөнөткө 420 миңден 900 миң сомго чейинки пособие менен жабдууну сунуштап жатат. Азыр иштеп жаткан мыйзамда 280 миң сомдон 600 миң сомго чейинки пособие аныкталган. Министр ошондой эле мамлекеттик жана милиция кызматкерлерин өлтүргөндөргө өлүм жазасы сөзсүз колдонулушу керек дейт:

- Демократ катары, бир аз батышча ой жүгүрткөн адам катары мен өлүм жазасына каршымын. Адамдын өмүрүн кудай берет, кудай алат. Бирок, мен прагматик катары кылмыштын айрым түрлөрүнө, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлерди, милиция кызматкерлерин өлтүргөндөр, ошондой эле жаш балдарды зордуктагандар өлүм жазасына тартылышы керек деп ойлойм.

Анткен менен, саясий чөйрө ички иштер министрлигинин кылмыштуулукка каршы күрөш жаатында жүргүзүп жаткан ишине канагаттанган жери жок. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов азыр милиция уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкөнгө караганда, экономикалык кылмыштарга каршы катуураак күрөшүп жатат дейт. Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңеште министрдин ишмердүүлүгүн кескин сынга алды:

- Аракет жок. Кеп кылмыш кодексин күчөтүүдө да эмес. Министрлерге, өкмөт мүчөлөрүнө, саясатчыларга, бардыгыбызга азыр саясий эрк керек. Психологиялык жактан өзгөрүп, бир үй-бүлөгө, бир президентке же өкмөт башчысына кызмат кылууну токтотуш керек. Бизде Акаевдин убагындагыдай эле бир үй-бүлөдөн, бир кишиден чыккан саясатка ыктоо менен иш жүргүзүүнүн кесепети ушу болуп атат.

Ал эми депутат Акматбек Келдибековдун айтымында мамлекет күчүн көрсөтмөйүнчө кылмыштуулукту токтотууга болбойт:

- Эгер мамлекет, милиция өзүнүн күчүн көрсөтпөсө, эч ким коркпойт. Сабаганын сабап, бирөөнүн өмүрүн кескенди атыш керек. Ансыз оңош кыйын.

Бирок, айрым көз караштарда милиция ириде эле кесипкөй адистердин жетишсиздигинен аксап атат.

- Ички иштер министрлиги деген бардык заманда жана бардык элдерде кылмышты издөө дегенди түшүндүрөт. А бизде болсо облустук, райондук ички иштер кызматтарынын башында чыныгы кесипкөй, оперативдүү адистер жок,- дейт Ташкул Керексизов.

Мурат Суталинов азыр министрлик милиция кызматкерлеринин кесиптик кубатын арттырып, өзүн көрсөтө албаган кызматкерлерден тармакты тазалоо аракетин көрүп жатат дейт. Мындан тышкары ички иштер министрлиги диний экстремизмге, наркобизнеске, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкө артыкчылык берет. Бул максатта министрдин бир орун басарын Ош облусуна көчүрүү да пландаштырылууда.

«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова мамлекет милицияны кесипкөйлүктөн тартып, үй-бүлөсүнө чейин толугу менен камкордукка алмайынча, анын кылмыштуулукка каршы толук кандуу күрөшөрүнө ишенбейт. Тилекке каршы азыр мамлекет мындай жоопкерчиликти сезе элек.

Ошондой эле Азиза Абдырасулованын көз карашында кылмыштуулукка каршы күрөшкө тоскоолдук кылып жаткан башкы факторлордун бири - мамлекеттик кызматкерлер менен кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн биригип кетиши:

- Мамлекеттик кызматкерлер менен кылмышкерлер тобундагылардын аралашып кеткендиги милиция кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылып, тескери таасир этип атат.

МЕКЕНГЕ ТААРЫНУУ ЖЕ УЛУТТУК ИДЕОЛОГИЯ ТУУРАЛУУ

Кыргызстандын бүгүнкүсү менен келечеги ушу тапта элдин баарын түйшүккө салып турган кези. Турмуштун айынан туулган жерин таштап чет өлкөлөргө кетип аткандардын басымдуу көпчүлүгүн кыргыздар түзөт. Мекенинин эртеңкисине ишенбөөчүлүк жаңы муун өкүлдөрүнүн арасында күчтүү. Кыргызстанда болсо кызматы бардын гана иши жүрүшүп, алдым-жуттумдуктун алкы тыйыла элек.

«Өзүнүн түрк экенин билбеген эл көп экен» деп жазат Мурад ажы 20-январдагы «Кыргыз туусу» гезитинде жарыяланган макаласында. «Тигилерден өзгөчөлөнүп казактар турат – улут болуп улутка кошулбай, уруу болуп урууга кошулбайт, түшүнүп да болбойт. Алардын чыныгы тарыхын да жашырышат, ордуна болбогон эле имиштерди таңуулап салышкан», дейт автор.

Айласыз Мекенин таштап кетишке мажбур жапандар чет жерде каза болгон боордошунун эстелигинин артын Жапан өлкөсүн каратып коюшат экен, деп маалымдайт Топчугүл Шайдуллаева «Мекенге таарынуу же улуттук идеология жөнүндө» деген макаласында. Автордун койгон суроосу: «Мекенден түңүлүү, ага ишенбөө айылдан башталды. Бул ызалыктын да негизи бар. Башы менен жер казып, күн-түндөп иштеген элдин бөлүгүнүн турмушу жакшырбай, «креслодо» отуруп алып жеген-ичкендердин жыргал жашоосу кадимки көрүнүшкө айланган биздин мамлекетте жарандарыбызды эрдикке, мекенчилдикке эмне менен чакырабыз, кайсы «сонунга» таянып атуулдук сезимдерин ойготобуз?!», дейт Т.Шайдуллаева.

Чечен президенти Зелимхан Яндарбиев өз элин абыдан сүйгөн азамат эле деп эскерет жума күнкү «Жаңы ордо» гезитинде адабиятчы Садык Алахан.

Ушул эле гезитте жазуучу Асанбай Жусупбековдун Акаев заманында кантип куугунтукка алынганы, эки ай из жашырып Казакстанда жашырынып жүргөндүгүн баян кылган маегине да орун берилген. 2002-жылдын январында камакка алынган а кездеги парламент депутаты Азимбек Бекназаровду «тээ жердин түбүнө, подвалга тыгып коюшкан экен. Чыгып келди, - деп эскерет А.Жусупбеков.- Бөйрөгүн таянып араң эле басып калыптыр. Жылаңбаш. Аксайт. Биз сурадык: «Эмне болду?!» деп. Ал айтты: «Ээ, Асанбай аке, жаным аман калбайт окшойт… Бул жерден тирүү чыгарышпайт көрүнөт… Түнү эки маска кийген бала кирип, Үзөңгүкууш маселесин көтөргөнүм үчүн улам тепкилеп жатышат. Оюмдан баш тартуумду талап кылышууда» деди.»

20-январдагы «Кыргыз руху» гезити Ирандын Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Реза Сабуринин маегин жарыялады. «Иран өлкөсү уранды байытуу ишине өз ыктыяры менен мораторий жарыялагандыгына карабастан, Батыш мамлекеттеринин позициясы терс маани-багытта болуп жатат», дейт элчи мырза.

Басылманын жаңы санында Жазгүл Масалиеванын «Жаңы бийликтин «кара тизмеси» же Акаевдин демократиясынан дагы артка кетип бара жатабызбы?» деген макаласы жарыяланды. Шаардык прокурордун эскертүүсү тууралуу парламент депутаты К.Карабеков: «Ал туура эмес иш жасаса, аны айтууга укуктуубуз», дейт.

«Жоогазын революциясынан кийинки Кыргызстан» аттуу макаласы үчүн эскертүү алган «Комсомольская правда в Кыргызстане» гезитинин жооптуу редактору А.Кулинский эскертүүдөн кийин талаштуу макаланы издегендер арбып, басылманын баркы көтөрүлгөнүн белгилеген.

Жума күнкү «Аалам» гезитинде Бишкек шаар прокурору Учкун Каримовдун маеги жарыяланды. «Мен эч кандай сөз эркиндигине кысым жасаган жокмун. Мен журналисттерге кайрылып, жазып жатышкан материалдардын аныктыгын, тактыгын кылдат текшерип туруп гана анан жарыяласаңар деп кайрылгамын», дейт У.Каримов.

Парламентти таратуу тууралуу жетиштүү кол топтолбой калганы, Борборшайлоокомдун үч округда жаңы шайлоо өткөрүү даярдыгына киришкени жума күнкү «Бишкек таймс», «Агым», «МСН» гезиттеринде чагылдырылды.

«Аалам» гезити жаңы санында «Кыргызстан келечеги» саясий партиясынын жетекчиси Балбак Түлөбаевдин «Элди тигил же бул системада жашатабыз деп эксперимент жасай берчүдөй академиктердин заманы өттү» деген маеги жарыяланды. «Эгер Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына өтсө бизде да кризис болот, мен буга 100% кепилдик берем. Жан күйө айтканда «араң турган экономикасы менен, ала чапандай жамаачы саясий партиялары менен мыйзамдык базасы жок Кыргызстан кантип парламенттик системага өтөт?» деген кээ бир саясий «генийлер» терең ойлонушту бекен? Мен аларга аргасыз таң калуудан башка сөз айта албайм», дейт М.Балбаков.

БИШКЕК ШАМПАНВИНКОМБИНАТЫН АДИЛ ТОЙГОНБАЕВ 1МЛН.200 МИҢ ДОЛЛАРГА САТКАН

Аманбек Жапаров,Бишкек Мурдакы башкы прокурор Азимбек Бекназаров Бишкектеги Шампанвино комбинатын анын жаңы кожоюну Сергей Ибрагимов экс-президенттин күйөө баласы Адил Тойгонбаевден 1 млн. 200 миң долларга сатып алганын билдирди. Анын пикиринде киреше берүүчү бул комбинат мыйзамсыз сатылган. Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин жетекчиси Турсун Турдумамбетов Шампанкомбинат банкротко учураганына байланыштуу сатылганын маалымдады.

Бишкектеги Шампанвинкомбинат бир кездери киреше берүүчү тармак катары эсептелип келсе, кийинчерек ал комбинат банкротко учурап экс-президенттин күйөө баласы Адил Тойгонбаев бардык акциясына ээлик кылып алган экен. Өткөн жылдын апрель айында башкы прокуратура тарабынан Адил Тойгонбаевдин үстүнөн кылмыш иши козголуп, Шампанвинкомбинатты мыйзамсыз менчиктештирип алды деген кине коюлган.

Аталган комбинаттын жаңы кожоюну Сергей Ибрагимов өткөн жылы күз айларында ишкананын акцияларын Адил Тойгонбаевден 1 млн. 200 миң. долларга сатып алгандыгы тууралуу маалыматтар бар. Андан мамлекеттик казынага пайда түшпөгөнүн мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров билдирди. Бул маселеге Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин жетекчиси Турсун Турдумамбетов пикирин “Азаттыкка” берген интервьюсунда мындайча билдирди:

-Биринчиден Шампанвинкомбинат банкрот болгон. Банкрот боюнча мыйзамдын негизинде эле сатылды. Ал арзан болушу ыктымал, себеби мыйзам боюнча биринчи баа коюлуп эгер өтпөсө анын баасы ылдый түшүшү мүмкүн. Ошондой процедура болсо керек. Ал мезгилде мен иштеген эмесмин, ошодуктан мен ага юридикалык баа бере албайм. Эгерде кандайдыр бир дооматтар болсо аны текшерип көрүүгө болот.

Шампанвинкомбинаттын учурдагы башкы директору Абдыкерим Мырзаев аталган ишканынын акциялары Адил Тойгонбаевдин “Жайка” компаниясынан сатылып алынганын тастыктады. Ал ошондой эле прокуратура, финансы кызматтары ишкананы текшеришип, мыйзам бузуларга жол берилбегендиги боюнча өздөрүнүн корутундусун чыгарышканын маалымдады.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров башкы прокурор болуп иштеп турганда Шампанвинкомбинаттын мыйзамсыз менчиктештирилишине байланыштуу Адил Тойгонбаевдин үстүнөн кылмыш иши козголгонун “Азаттыкка” берген интервьюсунда мындайча сыпаттады:

-Эгерде Шампанвинкомбинат банкрот болсо, ошол банкрот боюнча мыйзамдын чегинде жүргүзүлүшү керек эле. Мисалы, аукцион болуш керек, банкрот болду деп гезиттерге жарыяланып, тендер өткөрүлүп сатып алуучулар катышуусу керек болчу. Биздин текшерүүбүздө Шампанвинкомбинат жең ичинен эле сатылып кеткен. Биринчи Аманбек Карыпкуловдун балдары болсо керек эле. Азыр эсимде жок. Мына ошолор сатып алышып, алардан Адил Тойгонбаев өзүнө алган. Мына ошол Шампанвинкомбинат Адил Тойгонбаевдин наамында экен. Шампанвинкомбинат банкрот болгондон кийин сатылган акча мамлекеттик казынага түшүшү керек эле, ал акчалар түшпөптүр. Ошондуктан Адил Тойгонбаевдин үстүнөн кылмыш иши козголгон. Аны Ички иштер министрлиги тергеп аткан. Мен прокуратурадан кызматтан кеткен соң ал иш белгисиз себептерден улам кыскартылыптыр. Ал эми Шампанвинокомбинатты Сергей Ибрагимов алыптыр. Сергей мага келип жолугуп,”Сиз мени күнөөлөп атыптырсыз, Менин күнөөм жок. Алматадан Адил Тойгонбаевден 1 млн. 200 миң долларга ишкананын акцияларын сатып алдым. Мен кылмыш кылган жокмун”, деп айтты.

Азимбек Бекназаров белгилегендей Сергей Ибрагимов акцияларды сатып алып кылмыш кылган эмес. Бирок мамлекет өзү мыйзамдарды одоно бузган. Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган Шампанвинкомбинатты сатууга эч кимдин укугу жок болчу. Бирок аны Бекназаров башкы прокурорлук кызматтан кеткенден кийин жаңы жетекчилер комбинатка коюлган арестти алып салышкан.

Бекназаровдун айтымында, Сергей Ибрагимов 1 млн. 200 миң долларды Адил Тойгонбаевге эмес, мамлекеттик мүлк фондусуна төксө жөндүү болмок. Издөөдө жүргөн Адил Тойгонбаев кармалмайынча анын менчигинде турган кайсы бир обьектилер сатылбашы керек эле.

ОЛИМПИАДА КОМИТЕТИНЕ КРИМИНАЛДЫ ЖОЛОТПОО КЕРЕК

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетиндеги курчуган кырдаалга байланыштуу аны эл аралык олимпиада комитети мүчөлүктөн чыгарып салганы турат. Бул уюмдун кризистен чыгуусуна кыргыз өкмөтү дагы кызыкдар. 17-январда улуттук олимпиада комитетинин мүчөлөрү менен жолугушууда премьер-министр Феликс Кулов Кыргызстанды дүйнө коомчулугуна тааныта турган мындай уюмга криминалдык элементтерди киргизүүгө болбостугун белгиледи.

Жолугушууда улуттук олимпиада комитетиндеги түзүлгөн кризис кырдаал токтобосо эл аралык олимпиада комитети аны мүчөлүктөн чыгарып салышы ыктымал экендиги жөнүндө Кыргызстандын курөш федерациясынын президенти Мурат Саралинов билдирди.

Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев улуттук олимпиада комитети ишмердүүлүгүн ачык, так жүргүзбөгөндүктөн, эл аралык уюмдардан келген каражаттар спортчуларга берилбей келгендигин, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан спортчулар бул уюмга мүчө болбой, өгөйлөнүп келгенин айтты.

Дүйнөлүк спорттун өнүгүш ыргагынан Кыргызстан ат чабым алыста калганын, спорттук медицинаны өнүктүрүүнү колго алуу зарылдыгын спорт ардагери, медицина илимдеринин доктору Эрнест Акрамов көтөрдү.

Улуттук олимпиада комитетиндеги кризистин келип чыгышы 2004- жылдын декабрынан бери так талашуу, бийликтин киришүүсү менен башталганын спорт ардагерлери белгиледи. Ошол учурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар олимпиадалык хартия, уставды бузуу менен 13 жылдан бери УОКту түптөгөн Эшим Кутманалиевдин ордун ээлеген. Өлкөдөгү ыңкылаптан бери бул уюмдун жетекчилери үч ирет алмашты.

Былтыр жайында Улуттук Олимпиада комитетине президент болуп шайланган Жогорку кенештин депутаты Баяман Эркинбаев үч ай гана иштеди. Ал эл аралык олимпиада комитети менен таанышып, кызматташууга бел байлап жатканда 22- сентябрда үйүнүн жанынан атылып өлтүрүлдү. Ошондон бери спорт, УОК саясатка аралашып, андан бери ушул окуяга байланыштуу белгилүү спортчулар Раатбек Санатбаев менен Кадырбек Атакараев кайтыш болушту.

-УОКтун президентинин орду өтө эле саясатташып, талашка түшүп кетти. Себеби бул орунга кудалангандар арбын. Белилүү балбан, маркум Раатбек Санатбаев өз талапкерлигин президенттикке коймок. Анын өтүп кетүүсү толук мүмкүн эле. Себеби спорт федерациялардын дээрлик көпчүлүгү анын талапкерлигин колдоорун билдиришкен. Тез арада бул кризистен чыкпасак, спортчулар жабыр тартаары анык,- деди спорт ардагери Руслан Искенов.

Жыйында айтылган пикирлерге ылайык УОКтун жаңы уставын олимпадалык Хартиянын таламдарын эске алуу менен кайра карап чыгуу үчүн демилгечи топ түзүлдү. Топту спорт ардагери, Кыргыз спорт комитетинин төрагасынын мурдакы орун басары Владимир Пономарев жетектеп, үч күндүн ичинде бардык спорт коомчулугун сунуштарын эске алып, жаңы долбоорун даярдоо тапшырылды. Спорт федерацияларынын жетекчилери да өз ойлорун айтып, жаңы Уставка алымча-кошумча сунуштары бар экенин билдиришти.

Эми Баяман Эркинбаевдин ордуна УОКко ким президент болот, ким татыктуу, ким олимпиадалык кыймылды алдыга сүйрөп кете алат деген суроолор жаралып спорт коомчулугун түрдүү имиштер аралап жүрөт. Анын үстүнө бул УОКтун жетекчилигинин орду саясый эл аралык кадыр-барктуу орунга айланып, өтө эле саясатташып да кетти.

Учурда УОКтун президенттигине кызыккандар арбын. Бирок талапкерлигин расмий коюуудан чочулап турушат. Кыргызстанды эл аралык аренага дүйнө коомчулугуна тааныта турган мындай уюмга криминалдык элементтерди киргизүүгө болбостугун өкмөт башчы Феликс Кулов белгиледи.

УОктун президенти болуш үчүн бир спорт федерациянын жетекчиси жана улуттук олимпиада комитетинин мүчөсү болуу шарт. Ошондой эле УОКтун жаңы шайланчу 45 мүчөсү өзүн президенттикке көрсөтүүгө акылуу.


-Учурда 13-январга чейин жаңыртылган Уставды кабыл алып, жаңы 45 мүчөнү шайлап, алардын тизмесин эл аралык олимпиада комитетине жөнөтпөсөк, анда Кыргызстанга финансылык жардам болбойт. Ал түгүл бизди ЭОК мүчөлүктөн чыгарып салуусу, 2006- жылкы Катардагы 15- Азия оюндарына жана 2008- жылкы Пекин олимпиадасына катышпай калуубуз мүмкүн. ЭОКтон чыгыш оңой, ага кайра мүчө болуп кирүү кыйын ,- дейт УОК аткаруу комитетинин мүчөсү, өлкөнүн күрөш федерациясынын президенти Мурат Саралинов.


Ушунун баары улуттук олимпиада комитетинин президентинин ордун талашуудан башталып, мыйзам бузууларга жол берилип жатканын, ушундай талаш-тартыштын айынан спортчулар жабыр келишкенин оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиев айтты.

- Эл аралык олимпиада комитети эгемендүү өлкөнүн иш- аракеттерине кийлигише албайт. Алар олимпиадалык хартиянын негизинде гана уставдын долбоорун сунуш кылууга акылуу. Ошол долбоордун негизинде эл аралык тартиптин алкагында улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргызстандын уставын алымча- кошумчалардын негизинде кабыл алуубуз керек. Бардык башаламандыктар ушул уставдын чийкилигинен чыгып олтура,- деди Каныбек Осмоналиев.

Улуттук олимпиада комитетинин өзгөртүлгөн жаңы уставын талкуулап, тез арада кабыл алынып, жаңы 45 мүчөсү шайланбаса Кыргызстан эл аралык олимпиада комитетининин каржылоосунан куру калат. Ал түгүл Кыргызстанды мүчөлүктөн чыгарып салуусу толук ыктымал. Ошондуктан коомдук уюмдун ишмердүүлүгүнө өкмөт кийлигишпестен жардам берип, кыргыз спортунун өнүгүшүнө салымын кошууга жарамдуу жетекчи шайлануусун көзөмөлгө алып тураарын билдиришти.

Т.ТУРГУНАЛИЕВ ПАРЛАМЕНТТИ ТАРАТУУ МАКСАТЫНАН БАШ ТАРТПАЙТ

«Эркиндик» партиясынын лидери Т. Тургуналиев Жогорку Кеңешти таркатуу максатынан баш тартпай турганын билдирүүдө. Ал парламентти таратуу демилгесин карапайым калк бары бир колдоого алат деп ишенет жана жакын арада кол топтоого кайрадан киришмекчи. «Эркиндик» партиясы топтогон колдун көбү жарабай, талап кылынган 300 миң чекке караандабай калганын Боршайком кечээ жарыя кылган.

«Эркиндик» партиясы тарабынан парламентти таркатууга макулдугун берип, кол коюп берген жарандардын саны 100 миңден эле ашканын, анын ичинен дагы дээрлик 10% жараксыз болуп чыккандыгын БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов 17-январда өткөргөн маалымат жыйынында кабарлады. Анын айтымында, «Эркиндик» партиясы кол чогултууну мыйзамга туура келбеген шарттарда баштаган:

-Биз «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев менен сүйлөшкөн соң, алар 12-сентябрда өздөрүнүн демилге тобун адилет министрлигинен каттоодон өткөрүп, кол топтоп башташты. Эки айдан кийин, 12-декабрда Топчубек Тургуналиев чогулган колду бизге апкелди. Бирок 100 372 гана атуулдун парламент таркасын деп коюп берген колу бар экен. Тиешелүү түрдө талап кылынган 300 000 кишинин колу чогулбаптыр.

Парламентти таркатуу боюнча кол топтоо ишин «Эркиндик» партиясы өткөн жылдын июль айынан баштаган. Топтолгон кол БШКга жыл сонунда тапшырылган.

Бүгүнкү күндө БШК тарабынан парламентти таркатуу тууралуу макулдугун берген 84 миң 372 адамдын колу гана жарактуу деп табылып отурат. Демек, жакын арада Жогорку Кеңешти таратуу тууралуу сөз болуусу күмөн. Ошентсе да, БШК төрагасы Т. Абдраимовдун айтымында, мыйзам боюнча «Эркиндик» партиясы дагы бир жолу Адилет министрлигинен каттоодон өтүү менен кайрадан кол чогултууну баштоого акысы бар. «Эркиндик» партиясы бул укугунан пайдаланарын жана парламентти таратуу тууралуу демилгесинен баш тартпай тургандыгын Топчубек Тургуналиев өзү дагы бышыктады.


-Азыркы Жогорку Кеңешке шайлоо март айындагы ыңкылаптын келип чыгуусуна бирден-бир себеп болгон. Ошондуктан, бул парламентти ошондо эле таркатыш керек болчу. Биз бул маселенин аягына чыгууга аракет кылабыз,- деди Топчубек Тургуналиев.


Парламентти таратуу жөнүндө Т. Тургуналиевдин демилгесин бир катар таасирлүү саясий партиялар башынан эле жактырбай келишкен.
Алардын жүйөөсүндө азыркы парламент бийликти да, өкмөттү да канааттандырат, экинчиден, парламентти таратуу мамлекеттеги кырдаалдын дагы чайпалуусуна алып келет. Бул маселени кайра козгоого негиз жок деп эсептейт «Улуттук биримдик» партиясынын жетекчиси Эмилбек Каптагаев:

-Жөн эле зордук менен, кысым менен саясий сокурдукка барып, парламентти таркатып жиберели деген болбогон сөз. Менимче, бул маселени президент, өкмөт башчылары жакшы түшүнүп турат. Ошол себептен, парламентти таратуу тууралуу сөз саясий чөйрөдө, айрым бир саясий партиялардын арасында гана болуп жатканы болбосо, олуттуу деңгээлде бул маселе көтөрүлгөн жок.


Парламентти таратууга К. Бакиевдин өзү жана бийлик чөйрөсү да каршы чыгышкан. Бир катар саясатчылар мунун себебин парламент тарай турган болсо президентти да бийликтен кетирүү маселеси кошо чыгат деп бийликтин коркуп жаткандыгынан көрүшөт. Экс-депутат Бегиш Ааматовдун айтымында, мына ушул себептен улам, азыркы бийлик парламентти таратуу демилгесин жактабайт:

-Президент Бакиев 2003-жылы өзгөртүлгөн Конституциянын негизинде шайланып алып, парламент түшкөн капканга түшүп калбадыбы. Анткени экөө тең мыйзамсыз. Себеби, булар бийликти мыйзамсыз менчиктеп турган Аскар Акаевдин тушунда кабыл алынган башмыйзамдын негизинде шайланып отурат. Эгер парламентти таратуу тууралуу кеп болсо, президентти да бийликтен кетирүү тууралуу депутаттар ошол эле жерде сөз козгоп чыгышат.

Азыркы парламентти таркатуу тууралуу иш-аракеттер март ыңкылабынан кийин эле башталган. Мыйзам боюнча 300 миң адамдын парламентти таркатууга макулдугун берген колу чогултулуп, ал БШК тарабынан жарактуу деп табылган учурда бул маселе жалпы элдик референдумга коюлууга тийиш.

ПРОКУРОРЛОР МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНА СОГУШ АЧТЫБЫ?КЫРГЫЗ-ОРУС МАМИЛЕСИ

Бишкек шаарынын прокурору Учкун Каримов өткөн жумада президентти сынга алган журналисттерге эскертүү берди. Прокуратуранын мындай кадамы коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратты. Журналисттер жана саясатчылар муну өлкөдө сөз эркиндигин басмырлоо катары баалашты. Бул окуя жергиликтүү гезиттердин башкы темасы бойдон калууда.

“Заман Кыргызстан” гезитинин жума 20-январда чыга турган санында “Прокурорлор массалык маалымат каражаттарга согуш ачтыбы?” деген макала орун алды. Анда макала автору Илим Жанузаков мындай оюн келтирет: “Демократиялуу өлкөлөрдө «коомдук маанилүү фигура» деген түшүнүк бар. Буга ошол эле президент, премьер-министр, депутаттар, министрлер, мэрлер, губернаторлор баш болгон адамдар толугу менен кирет. Ошондой демократиялуу өлкөлөрдө «коомдук маанилүү фигуранын» ар бир арымдуу кадамы элге жетип, ар бир туура эмес кадамы, өзүм билемдиги үчүн басма сөз бетинде тепкиге алынат.
Чындыкка жатпаган макала, көрсөтүүлөр ошол эле басма сөздө маданияттуу түрдө четке кагылып, анын авторлору эч кандай түрмөнүн жытын жыттабайт».
Автордун жазганына карганда, буга президент, анын жан-жөкөрлөрү, депутаттар да сабырдуулук менен мамиле кылып, эмоцияга алдырбай, журналисттерди коркутуп-үркүтпөй, үстөл муштагылап ызырынбай тургандары оң.

Бул маселе боюнча “Аргументы и факты” гезити да 18-январдагы санында жазды.
Макалада белгиленгендей, шаардык прокурордун массалык маалымат каражаттарына карата мындай катуу саясаты журналисттер арасында жана эл аралык коомчулукта терс пикирлерди жаратты.

Ушул эле гезитте өлкөдөгү коррупция тууралуу макала орун алды. Макалага ылайык, эң коррупцияланган орган катары милиция таанылган. Андан кийин сотттор менен прокуратура, бажы кызматы, жогоку окуу жайлар турат.

Кыргызстанда коррупцияга күрөш жарыяланганы менен, анын көрсөткүчтөрү төмөндөдү деп айтуу кыйын. “Коррупция тууралуу көп айта берсе болот, бирок аны менен күрөшүүдө реалдуу иштерди жасоо керек”, деп жазат автор.

“Кыргызстан үчүн 2005-жыл көп өзгөрүүлөрдү алып келди. Кыргыз-орус мамилелери да өзгөрүүлөргө учурады. Бирок 24-март окуясына чейин болуп келген бул мамилелердин эң жакшысын сактап кала алдык”, деп Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Евгений Шмагин “Аргументы и факты” гезитинде жарыяланган маегинде билдирди. Бул маекте элчи мырза кыргыз-орус мамилелери, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясат, эки өлкө ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пландар тууралуу кеңири айтып берген. Элчинин интервьюсу “МСН”гезитинде да жарык көрдү. Анда 24-март окуясына чейин орусиялыктардын кыргыз оппозициясы менен болгон мамилелери, миграция, кош жарандуулук маселеси, Канттагы авиабаза тууралуу сөз болду.

Ал эми “Жаңы кылым” гезити 19-январдагы санында өлкөгө кандай башкаруу сиситемасы керек деген маселеге кайрылды. Саясатчылардын бир тобу президенттик башкарууну, экинчиси - парламенттик башкарууну, үчүнчүсү - президенттик-парламенттик системаны 2010-жылга чейин калтырып, андан ары парламенттик башкарууга өтүүнү сунушташууда.

“Дүйнөдө мамлекеттик башкаруунун кандай формалары бар? Алар кандай натыйжаларга алып келип жатат? Кыргызстан үчүн кайсы форма ылайыктуу? Адегенде, биз Кыргызстаныбызды келечекте кандайча элестетерибизди тактап алсак жакшы болор эле. Албетте, бул өзүнчө бир чоң тема”, деп жазат автор.

Автордун жазышынча, мамлекеттик башкаруунун сокур сезим менен тандоо абдан катаал кризистерге алып келет. Кыргызстанга гана ылайыктуу болгон башкаруу системасын бирөө түзүп бербейт. Андыктан, дал ушул проблемада бийлик талашуу таймашын уюштурбасак, деп жазат автор.

ПРЕЗИДЕНТТИН ИНИСИ ЭМНЕГЕ НААРАЗЫ?

24-марттагы бийлик алмашуусунан аз өтпөй президент милдетин аткара баштаган К.Бакиев жакын туугандарын жооптуу кызматтарга дайындабай тургандыгын, үй-бүлөсү саясатка аралашпастыгын бир нече ирет ырастаган. Анткен менен президенттин бир тууган иниси ушу тапта Кыргызстандын Германиядагы элчиси, экинчиси АРИС агенттигинин аткаруучу директорунун орунбасарлык кызматына кирише элек жатып таштоого мажбур болду.

Жалалабад облус губернаторунун мурдагы орунбасары, кыйла жылдар Жалалабад шаар кеңешинин төрагасы болуп иштеген Жусуп Бакиев мындан үч ай мурун жамааттарды өнүктүрүү жана инвестиция агенттигине (АРИС) жетекчи орунбасарлыкка жарыяланган конкурска катышып, сыноодон ийгиликтүү өткөн. АРИС агенттигинин коомчулук менен байланыштар боюнча өкүлү Ильяс Исаковдун ырасташынча, жаңы орунду ээлөөгө конкурс жарыяланган.

- Бизде ошол кызматка жарыя болгон. Анан ошол атаандаштардын арасынан Жусуп Салиевич өттү.

Жаңы кызматка кирише элек жатып эмне себептен аны таштап кеткенин Ж.Бакиев «АкиПресс» агенттигине берген маегинде бир тууган президент агасынын аброюн сактоого байланыштуу түшүндүргөн.

«Мен бул кызматты таштап кетүүнү туура таптым. Президентти жактырбагандар менен көралбастарга сөз болгум келбеди, менин агама көө жабышка себеп бергим келбеди», дейт Ж.Бакиев.

Бирок да президенттин иниси эмнеликтен кызматтан кетишинин себеп-жөнүн «Азаттык» радиосуна айтып берүүнү эп көрбөдү.

«Улуу биримдик» партиясынын жетекчиси Эмилбек Каптагаевдин ырасташынча, негизи президент К.Бакиевдин бир туугандары, жакындары иштей алышабы же жокпу суроосу турбаш керек.

- Бир туугандар иштейби, куда-сөөк иштейби, достор иштейби, ошол мамлекеттик кызмат этикасын так сактаса. АРИСтин жетекчи орунбасарына барган соң менин оюмча, аягына чейин иштеш керек болчу.

Жусуп Бакиев агасы президенттик кызматка киришкенден кийин аткаруу бийлигиндеги жооптуу орунун таштоого мажбур болгонун, эми эларалык уюмга да иштөө мүмкүнчүлүгү болбой калган соң мамлекет башчынын жакын адамдары баарын таштап чет өлкөгө кетип калышы керекпи деп суроо коет.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев мамлекет башчынын жакын адамдарынын кызматка коюлушу, дайындалышы мыйзам чегинде ачык жүрүшү керек деп эсептейт. Мамлекеттик кызматчынын этикасы бекем сакталып, мыйзамдын эреже-тартиби так сакталышы абзел.

- Маселе эмнеде болуп атат? Бизде система жакшы иштебей жатат. Кызматка алуу конкурстук негизде болуш керек, кызматка алынып аткан киши коюлчу талаптарга жооп бериши керек деген жерлерибиз бузулуп кетип жатат. Баары ачык болушу абзел. Баары ачык, массалык маалымат каражаттары аркылуу айтылышы керек. Ачык болгон жерде сөз болбой калат. Күдүк болгон жерде ушак сөз жүрө берет.

ЫСЫКККӨЛ: СОТ ТАМЧЫДАГЫ ШАЙЛООДОН КАТА ТАПКАН ЖОК

Ысыккөл облустук соту Тамчы айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн шайлоону жокко чыгаруу жөнүндө байкоочулардын арызын четке какты. Нааразы байкоочулар эл аралык уюмдарга кайрыларын билдиришүүдө.

Ысыккөл районунун №19, 20 шайлоо участкаларында паспорту жок, же атайын үгүттөө жолдору менен административдик ресурстар колдонулганын, көз карадысыз байкоочулардын укугун басмырлаганын белгилеген Кудайберген Күрөңов менен Чачыкей Абылгазиева адегенде райондук сотко кайрылышкан. Бирок, ал жактан талап канаттандырылбагандыктан облустук сотко арыз жолдошуп, 16-январда иш каралды. Анда Тамчы айылындагы айыл өкмөт башчысын шайлоо учурунда одоно мыйзам бузуулар болгондугу жөнүндө комиссия мүчөлөрү менен шайлоочулар көрсөтмөлөрүн беришти:

- Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү райондук комиссиясына сводка бергенде, 530 адам добуш берди дешкен, биздин саныбыз боюнча 430 болгон. Кирген-чыккан кишинин санынан, атынан, фамилиясынан бери жазып отурдук –деди шайлоочу Урмат Кожобаева.

- Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү элге арак берип, кимге добуш берүүнү ачык эле үгүттөдү. Мен 18 жыл депутат болдум. Мындай шайлоону биринчи жолу көрүшүм,- деди байкоочу Вера Ящин.

Сот эки саатка созулуп, байкоочулар шайлоо мыйзамсыз өткөнүн далилдей алган жок деген аныктоо менен №19 жана №20 шайлоо участкаларындагы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы канаттандырылган жок. Соттун мындай чечимине нааразылыгын билдирген көз карандысыз байкоочу Аскар Акаевдин кадрлары кетмейинче адилет иш болбойт деген оюн айтты:

- Баягы илгеркидей Акаевдин убагындай эле кадрлар иштеп атканына байланыштуу мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөй турган сот өзү биринчи кезекте бузуп атышат – деген Кудайберген Күрөңов соттордун жоопкерчилигинин конституцияга киргизүү сунушун кошумчалайт:

- Соттордун жоопкерчилиги эч жерде жазылган эмес. Буларга адамдарды керек болсо атууга чейин укугу берилген. Ал эми туура эмес адамдын тагдырын чечсе ага жооп бере туруусу эч жерде каралган эмес. Ошондуктан жыйынтыгы ушуга алып келип атат.

Биринчи байкоочу ушундай десе, экинчи байкоочу соттун сөзү менен иши дал келбей атканын айтат:

- Чечими бир жактуу болуп калды деп ойлойм. Бир четинен мыйзамдын бузулгандыгын мойнуна алып атышат дагы, бирок ошону өздөрүнүн сот процессинде колдонбой атышат – деди “Чачыкей” өкмөттүк эмес уюмунан байкоочу болуп бекитилген Чачыкей Абылгазиева.

Облустук сот райондук соттун чечимин күчүнө калтырганын адилетсиз деп эсептеген байкоочулар эми Тамчы айылындагы өткөрүлгөн айыл өкмөттүн шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча эл аралык уюмдарга кайрыларын билдиришти.

КЫРГЫЗСТАНДАН 20 ЧАКТЫ АВТОБУС САУДАРАБСТАНГА ЖЕТПЕЙ КАЛГАНБЫ?

Кожогелди Култегин, Бишкек. Кыргызстандан чыккан кыйла автобус Саударабстан чегине жетпей калышы ыктымал. Бул жөнүндө 18-январь күнү Медина шаарынан телефон-байланышка чыккан зыяратчы Нурлан Имашев билдирди.

-Ажылык сапардын эң эле ыңгайлуу жана жеңил жолу – самолёт менен баруу экен. Автобус менен баруу – тобокелчилик окшойт. Ушу Мединада айрыкча бири-бирибизге жолугуп, бири-бирибизди сураштырып атабыз. Көрсө, Кыргызстандан Саударабстанга ажылык сапарга жөнөгөн автобустардын 20 чактысы жолдо калып кетиптир. Ажылык зыяратка ошончо автобус киши жетпей калыптыр,-деп билдирди бүгүн Азаттыкка кыргыз зыяратчыларынын бири Нурлан Имашев.

Нурлан-ажы Имашевдин айтымында автобустар ар кандай мамлекеттерде виза маселелери боюнча, жасалма бир тоскоолдуктарга байланыштуу да кармалып калышы ыктымал.

Кожогелди Култегин, Бишкек.

НАРЫН: КЫШ ЧИЛДЕДЕ КӨМҮР КААТ

Нарын облусунда кыш чилдеде көмүргө жетпей калктын кыйла бөлүгү кыйынчылык тартууда.

Нарын облусунун тургундары ташкөмүрдү эки кесимден алышат. Атбашы району толугу менен жана Акталаа районунун көпчүлүк айыл, кыштактары Турук кенинин көмүрүн жагышса, аймактын калган бөлүгү Каракече кесиминен жан сактайт. Өткөн жылдан бери токтобой жаткан Каракече кризисинин залакасы кыш мезгилинде өзгөчө сезилүүдө. Айрыкча, Каракечеден Нарынга көмүр тартып келүү көп кыйынчылыктар менен коштолууда.

- Ал жака барганда кезек күтүп, түнөп калабыз, карьер иштебей калат. Андан тышкары, ал жерде иштегендердин баары чоң, сүйлөй албайсың, эптеп барып жүктөп кайра келмей – деди Каракечеден көмүр ташыгандардын бири Турусбек Байбосунов.

- Ал жерде 4 карьер бар экен, бири-бирине конкуренция болушуп, тиги- бул карьерге айда деп убара кылышат,- деди көмүр ташыгандардын экинчиси Ашыр Усубалиев. - Айдагандын баары эле биз үчүн чыгым, анткени май коройт. Биз акча менен барабыз, ылдам кое берсе. Сууктун күнүндө жолдун азабы өзүнчө, карьердин азабы өзүнчө. Мотуев ушул жагын колго алса. Мисалы тоннасын 1800 сомго сатабыз. Себеби Мотуевдин карьериндеги эксковаторщикке, весовщигине берген акчаны жабыш үчүн кымбатка туруп калып атат, күйүүчү май да кымбат. Же болбосо арзан эле болмок.

Демократия жана жарандык коом коалициясынын облустагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Гүлжамал Султаналиева Hурлан Мотуевди акчага алданып кетти деп эсептейт:

- Нурлан Мотуевдин кылган иштери бир аз туура эмес болуп атат. Ал киши өзүнүн позициясын улам өзгөртүп атат. Эгерде башында Каракечени ГАОго алмаштырабыз дешсе, ортодо бул киши акчага алданып кетип, менчикке өткөрө баштаган. Бүгүнкү күндө Акулактын көмүрүн мыйзамдын чегинде алыш керек эле, азыр Бешсары, Акжол, Шарбондун көмүрлөрүн лицензиясы жок чыгарып атат, бул дагы мыйзам бузуу болуп эсептелет.


- Кыйын эле болуп атат. Aзыр бир мүшөгүн 90 сомдон сатып алып атышат. Ал ашып кетсе үч күнгө жетет,- деди Нарын районундагы Достук шаарчасынын тургуну Төрөбек Асанкожоев.


- Тоннасы 2 миңге барып атат, эч ким ала албайт. Бул жердеги карагайдын баарын талкалап жагып атышат,-деди райондогу Ташбашат айылынын жашоочусу Үсөйүн Өскөнбаев.

Нарын шаарынын башчылары элге көмүр жетпей жатканын билишет. Мэриянын башкы адиси Абдылда Ибраевдин айтымында шаарда төрт көмүр базасы уюшулган, бирок Каракечеде кырдаал оор болуп жаткан үчүн көмүр алып келүү кыйынчылык жаратууда.

ПАРЛАМЕНТ АМЕРИКАЛЫК БАЗАДАН ТҮШКӨН ПАЙДАНЫ КАЛК КАМЫНА ЖУМШАМАКЧЫ

Жогорку Кеңеш «Манас» аба майданы турган жер аянтын толугу менен мамлекеттин карамагына өткөрүүнү шарттаган мыйзам долбоорун даярдоого киришти. Төрага Өмүрбек Текебаевдин демилгесинде даярдала баштаган бул долбоор кабыл алынса, “Манаста» жайгашкан чет өлкөлүк аба-аскерий база жер үчүн ижара акысын айрым юридикалык тараптарга эмес, мамлекетке төлөп калат.

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, «Манас» аба майданынын аймагында жайгашкан АКШ аба-аскерий базасынан Кыргызстандын бюджетине тикелей каражат түшпөйт жана 2006-жылдын бюджет долбоорунда бул каралган эмес. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев каржы министри Акылбек Жапаров менен январдын башындагы жолугушуусунда ачыкталган маалыматтарга караганда, базадан түшкөн каражатка дээрлик «Манас» акционердик коому ээлик кылып келатат. Акционердик коомдун өзүнүн маалыматына караганда, ал быйыл бардык кызмат көрсөтүүлөр үчүн 505 миллион сом пайда көрүүнү болжоодо. Бул жалпы кирешенин 42%ин түзөт.

Бирок, төрага Ганси базасынан түшкөн кирешелер мамлекеттин карамагында болуп, элге кызмат кылышы керек деп эсептейт. Ушул демилгенин чегинде Жогорку Кеңеш «Жер участокторун мамлекеттин карамагына өткөрүү жана аны коргонуу муктаждыктарына жумшоо жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, алгачкы талкуусун өткөрдү. Долбоордо авиабаза жайгашкан аймакты аныктоо каралган. Текебаевдин айтымында, мыйзам кабыл алынса жерди ижарага берүүгө байланышкан укук-милдеттердин бардыгы өкмөткө берилет:
- Бул мыйзам долбоорунда жер участогун башка өлкөлөрдүн аскерий базаларына ижарага берүү укугу каралган. Ага жараша ижара акысына байланышкан маселени кыргыз өкмөтү менен башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү биргелешип чечет.

Жогорку Кеңештин тармакты, экономиканы, ишкердикти өнүктүрүү комитетинин төрагасы Замирбек Эсенамановдун айтымында, азыр америкалык база токой чарба агенттигине 200 гектар жер үчүн, коргоо министрлигине 882 гектар жер үчүн, «Кыргызстан аба жолдоруна» 92 гектар жер үчүн ижара акы төлөйт:

- Маселен, 882 гектар жер коргоо министрлигине Аламүдүн, Сокулук райондорунан алыныптыр. Биз айтып атабыз, жер айыл өкмөттөрүнө тиешелүү болгондон кийин кирешенин белгилүү өлчөмү компенсация же башка жагдайлардын эсебинен тийиши керек деген жобону да киргизип атабыз.
Долбоор парламенттен жана президенттен колдоо тапса, Кыргызстан америкалык авиабазанын жер акыга төлөгөн акчасынан эле 50 миллион доллар киреше алмакчы. Муну депутаттар 1 чарчы метр үчүн 5 доллар ижара акы төлөө ченеминен алып, эсептеп чыгышкан. Текебаев түптөлүп калган базага кийин Кыргызстандын аскерий базасын жайгаштырса болот деп эсептейт.

Дүйшөмбү күнү долбоор бардык тараптардын катышуусунда талкуудан өтүп, жер аянттардын чегин аныктоо үчүн адистерге тапшырылды. Төрага мыйзам февралдын этегинде кабыл алынышы ыктымалдыгын айтууда. Ал эми төраганын демилгесине карата жерди өз карамагына алган субьекттердин өкүлдөрү ар кандай себептерге байланыштуу өз пикирлерин айтыша элек.

Америкалык авиабаза менен келишимдин тартибин кайра карап, ижара акыны көбөйтүү маселеси март окуясынан кийин кыргыз бийлиги тарабынан көтөрүлүп, бул АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райстын жазында Кыргызстанга жасаган сапарынын учурунда талкууланган. Тышкы иштер министрлигинен атын атоону каалабаган кызматкердин айтымында, азыр аскерий базага байланышкан эки тараптуу келишимдин жаңы долбоору Кыргызстан тараптан министр Аликбек Жекшенкуловдун жетекчилигинде дагы эле иштелип жатат, ал качан акырына чыгары белгисиз. Депутат Замир Эсенамановдун айтымында, эки тараптуу жаңы келишимде Жогорку Кеңеш даярдап жаткан жаңы мыйзам долбоорундагы шарт-жоболор сөзсүз эсепке алынат.

Айрым саясатчылар эки өлкөнүн америкалык авиабазага байланышкан кызматташтык мурдагы бийлик тушундагыдай эле туюк жүрүп жатат деп сынга алып келишүүдө. Алардын бири, депутат Кабай Карабековдун көз карашында Ганси азыр элге жабык база:
- Биз билбейбиз. Каражатты көбөйттүбү, көбөйтүшкөн жокпу, бюджетке түшүп атабы, түшкөн жокпу - белгисиз азыр.

Кабай Карабеков Орусиянын Канттагы аскерий базасы сыяктуу эле америкалык база да Кыргызстанда жайгашып турушун жактайт. Бирок, ал үчүн караламан калкты иш менен камсыз кылуу, экологиялык чыгымдарды калыбына келтирүү өңдүү өксүктөрдү жөнгө салышы керек деп эсептейт.

«ЖАРЫКТАН КӨЗ УЯЛЫП ЖАТАТ, КӨНҮП КЕТЕТ…»

Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө түзчү кайсы багытка артыкчылыктар берүү ушу тапта маанилүү маселеге айланууда. Жаңы өкмөт курулуш ишин жандантып, тигүүчүлүктү коңулдан чыгаруу аракетин көрүүдө. Конституция долбоорунун талкуусу узартылгандан бери жаңы Башмыйзам жазуу, болбосо мурункусун азыноолок өзгөртүү менен чектелүү тууралуу сунуштар арбын айтыла баштады.

«Ачыгын айтыш керек,- деп жазат Мирлан Дүйшөнбаев «Дагы «сүрсүтүлгөн» Конституциябызга ээ болобузбу?» аттуу макаласында,- 2002-жылда да Башмыйзамды өзгөртүү демилгесин ошол эле ысымдары түгүл, ырайлары, чырайларына чейин коомчулукка жат болуп, айрымдары аллергияны да пайда кыла башташкан фигуранттар көтөрүп чыгышып, андагы акаевдик деп аталган редакцияны кабыл алдырышкан. Эми алар «Башмыйзамдын жаңы редакциясын 2006-жылдын биринчи жарымында, бирок ал келерки президенттик, парламенттик шайлоодон кийин гана ишке киргизилиши керек» деп жатышат. Алардын оюнча, Башмыйзамдын мурдагы редакциясы эки жыл «өлүк» документ болуп жатса, азыркы редакциясы төрт жыл жакшылап «сүрсүтүлүүгө» тийиш экен». М.Дүйшөнбаевдин макаласы шейшембидеги «Жаңы кылым» гезитинде чыкты.

Биртоп саясий партиялар ушу тапта жалаң гана парламенттик башкарууну киргизүү сунушун жактап, ошону гана эңсеп отурушкан кези. Ага эл даярбы, дегеле улуттук менталитетке ылайыктуубу-жокпу, муну ойлогон киши аз, дейт макала автору.

Конституциялык реформа тууралуу 17-январдагы «Кыргыз туусу» гезити президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарынбаев менен Борбор Азиядагы Америка университетинин вице-президенти Бакыт Бешимовдун талаш-тартышын жарыялады. Б.Бешимов күтүп отурбастан эле парламенттик башкаруу формасына өтүүнү жактаса, Данияр Нарынбаев мындай иште ашыгуунун кажаты жок деген пикирде. Гезитте бул маселе боюнча элдин пикирине да орун берилген.

Кыргызстандын экономикасын жалаң эле базар менен көтөрө албайбыз, деп ой бөлүшөт шейшембидеги «Кыргыз руху» гезитинде Садырбек Мамасейитов. Анын ырасташынча, өнөр жайын өнүктүрмөйүн экономикалык өсүш болбойт. Жөнөкөй мисал, 6 миллион тонна көмүр керектечү Кыргызстанда ушу тапта 300 миң тонна гана көмүр казылып алынат.

«Курулуш болсо бурулуш болот», деп белгилейт шейшембидеги «Эркинтоо» гезити.

Бирок да дүйнөдө кандай салыктын түрү болсо ошонун баарын акаевдик режим колдоно берүүнүн салакасын эми тартып жатабыз, деп белгилейт ушул эле гезитте Р.Байгубатов. Салык оордугу биринчи иретте ири өнөр жай ишканаларын сызга отургузду, экономиканын өнүгүшүнө ал тоскоол боло баштады.

Курулуш тармагына артыкчылык бериле тургандыгын шейшембидеги «Слово Кыргызстана», «МСН» гезиттери да кабарлашкан.

«Журналист» коомдук бирикмесинин төрагасы Кубан Мамбеталиевдин маеги да «Эркинтоонун» ушул санында чыкты. Маалымдоо каражаттарын реформалоо маселесине токтолуп К. Мамбеталиев момундай оюн ортого салат: «Мамлекеттин бир бурчуна, облустук масштабда коомдук телерадио эч жерде түзүлбөйт. Ал бүтүндөй республиканын бардык бурчун камтыш керек».

Тигүүчүлүктү коңулдан чыгарып, ишкерликтин мына ушул түрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүлүшү керектигин 17-январдагы «МСН», шаршембидеги «Аргументы и факты Кыргызстан» гезиттери жазышты. Тигүүчүлүк коңулда жата берип өзү деле тажады окшойт, ишкерлердин өздөрү ачыкка чыгып, патент системасына өтүүнү каалап жатышат, деп маалымдайт «МСН» гезити. Коңулдан ачыкка чыкканда жарык көздү уялтат, бирок да буга көнүш керек, деп белгилейт «Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгы. Азырынча тигүүчүлөрдүн тапкан пайдасы жашыруун цехтердин жетекчилеринин чөнтөгүндө калууда. Салык өтөле аз түшүүдө. Өткөн жылы бул тармактан болгону 11 миллион сом гана салык төгүлгөн.

Кыргызстан үчүн электроника, туризм, болбосо кызмат көрсөтүү эмес, тигүүчүлүк экономикадагы артыкчылыкка ээ болушу керек, деп жазат С.Орозбаков «МСН» гезитиндеги «Жолборс болуш жакшы, бирок кантип?» деген макаласында. Автордун ырасташынча, бай өлкөлөрдүн баары иралды тикмечиликтен башташкан.

Кыргызстан аз-аздан көтөрүлүп баратат. Буюрса 2006-жылда экономикалык ыкчам өнүгүүгө мүмкүнчүлүк болуп калат, дейт Т.Тургуналиев «МСН» гезитинде. Анын ырасташынча, жаманбы-жакшыбы Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиялык жаңылануулардын алдында баратат.

КОЧКОР АВТОБАЗАСЫН ЭМГЕК ЖАМААТЫ БАСЫП АЛУУГА ДАЯРДАНУУДА

Кочкор автобазасы мыйзамсыз менчиктештирилген деп ишкананы өз ээлигине өткөрүп берүүнү анын эмгек жамааты талап кылууда. Эгер талап аткарылбаса ишкананы тартып алуу аракетине өтөрүн эскертишүүдө.

Кочкор автобазасынын эмгек жамаатынын бир топ өкүлдөрү 17-январда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, мыйзам бузуулар менен менчиктештирилген ишкананын маселеси оңунан чечилбесе аны басып алууга даяр экенин билдиришти. Автобазанын мурдагы башкы экономисти Курманбүбү Чоңмурунованын айтымында ишкана мыйзамсыз менчиктештирилген:

- Облустук мүлк фонду уставдык фондду атайылап азайткан. Себеби 1996-жылдын 1-апрелине карата статистикалык отчет боюнча Кочкор автобазасынын негизги каражаттары 4 миллион 29 миң сом акчаны түзгөн. Ошол кезде товардык кредит менен алынган 5 жаңы автобустун баасы – 1 миллион 250 миң сом дагы кошулбай калган. Биздин уставдук фонд 1996-жылдын 1-апрелине карата 5 миллион 300 миң сомду түзгөн. Муну да облмүлкфонд азайтып, 1 миллион 69 миң сом деп эсептеп, К.Жолдошбаевге 51% акцияны 866 миң сомго саткан.

Кочкор автобазасы 1996-жылы менчиктештирилип, ишкер Камчыбек Жолдошбаевдин колуна өткөн. Азыр парламентке депутат Камчыбек Жолдошбаев арадан кыйла жыл өткөн соң козголгон талаштын чыгышы Нурлан Мотуевге байланыштуу деп эсептейт:

- Азыр ушу Н.Мотуевдин азабынан эл иштебей калды. Көмүр тартышчу да. Биз сатып алган автобаза өкмөткө карызы бар, салыгын төлөй албаган, социалдык фондго төлөй албаган, ыдырай баштаган ишкана болчу.

Кочкор автобазасынын мурдагы кампа башчысы Азат Дыйканбаевдин ырасташынча, автобазанын эмгек жамаатынын өкүлдөрү бир нече ирет К.Жолдошбаевди чакырышкан, көпчүлүк чогулган жыйынга район акими келет, ишкана ээси келбейт.

- Июнда басылып алган, ошол бойдон. Ал жерде эми алардын кишилери же иштебесе, машина жок болсо, эчтеке кылбаса, такыр эле «нөл» да. Эч жумуш жок. Өзү келген жок. Жолугушууга чакырдык, канча жолу чакырдык. Биздин аким, биз аны да иштетпей койдук да, ал болбой эле келет. Камчыбек Жолдошбаев мына келет, ана келет деп элди жайгарып ал деле турат.

«Бешсары» фирмасынын вице-президенти Малик Абакиров Кочкор автобазасы эч кандай таланып-тонолгон жок, Каракечеде казылган көмүрдүн кыйласын мына ушул ишкананын унаалары ташып келишкен деп маалымдады.

- Эми мунун себеби мындай да. Те 1996-жылы К.Жолдошбаев 51% акциясын сатып алган. Мен айтып коеюн, мына Кочкор автобазасына Прибалтикадан колдонулган 25 КамАЗ автомашиналарын чиркегичтери менен алып келинген. 2004-жылы «Бешсары» фирмасы 101 500 тонна көмүр ташыган. Ушул көмүрдүн баары Кочкор автобазасынын машинелери менен ташышты.

Өткөн жылкы бийлик алмашуусунан coң «Каракече» көмүр кенин патриот жаштардын «Жоомарт» кыймылы басып алгандан кийин Кочкор автобазасынын мурдагы эмгек жамаатынын өкүлдөрү да ишкананы ээлешкен. Автобазанын мурдагы экономисти Карачач Бекбосунованын айтымында, эгер талаштуу иштен жыйынтык чыкпаса эмгек жамаатынын өкүлдөрү нааразылык билдирүүнүн башка ыкмаларына да өтүшмөкчү.

- Бүт баарыбыз жумушсуз калдык. Ар бирибиздин алды 5 –6, 7 – 8 балабыз бар. Баарыбыз тең жалгыз К.Жолдошбаевдин айынан жеп аткан токочубуздан ажырадык. Эми К.Жолдошбаевдин күчү кетти болуш керек. Азыр жаңы өкмөткө ишенип жатабыз.

Ушундай эле пикирин ишкананын мурдагы башкы инженери Шакен Бараканов да ырастады.

- Канчалык «бунт» көтөрүштү, болбоду. Пикетке чыгабыз, анан жанагы акционерлер чогулуп алып мамлекеттик акционердик коом уюштурабыз, калган пайыздарды кошобуз. Иши кылып ошол автобазанын ичинен чыкпайбыз.

«Бешсары» фирмасынын вице-президенти Малик Абакиров өткөн жылы Кочкор автобазасынын менчиктештирилиши мыйзам чегинде жүргөндүгү бир нече ирет тастыкталганын, бул талаштуу ишке 1997-жылы 17-мартта Жогорку сот коллегиясы соңку чекитти койгонун маалымдады.

Ишкана 1996-жылы аукционго коюлуп жатканда анын негизги каражаттарынын наркы облустук мамлекеттик мүлк тарабынан аныкталган.

ОШТО ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДА КЫЛМЫШТУУЛУК КҮЧӨДҮ

Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош шаарында өспүрүмдөр арасында уюшкан кылмыштуулук күчөдү. Айрыкча, мектеп жашындагы балдардын ичинде топтошуп алып мушташуу, мектеп рэкеттери сыяктуу терс көрүнүштөр көп орун алып жатканын жергиликтүү укук коргоо органдары белгилешүүдө.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн маалыматы боюнча балдар арасында өткөн жылга салыштырмалуу уурулуктун саны 14 пайызга, адам тоноонун саны 12 пайызга, уюмдашкан мушташуунун саны 17 пайызга көп катталган. Мектеп-мектеп, аймак-аймак болуп жикке бөлүнүп алып, уюшкан мушташуу фактылары боюнча алты кылмыш иши козголгон. Он жети өспүрүм кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 42 бала атайын каттоого алыган. Сексенден ашуун өспүрүмгө ар кандай деңгээлдеги эскертүүлөр берилген.

- Башаламандык болуп милициялардын иши тийиштүү деңгээлде болбогонуна байланыштуу топтолгон мушташтар көбөйүп, бир-эки жолку фактылар боюнча Гагарин мектебинен 3-4 балага кылмыш иши козголуп сотко кетти. Жакында да топтолгон мушташ болуп Гагарин мектебинен дагы 1-2балага кылмыш иши козголду. Биз өз убагында бетин ачууга аракет кылып атабыз,- деди шаардык милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Мамат Бектемиров.

Коомдогу чоң кылмыштуу топтордун активдешүүсү, алардын жасалма идеалдашуусу жана ата-энелердин түздөн-түз көзөмөлүнүн жоктугу жаш өспүрүмдөр арасындагы уюшкан кылмыштуулукту күч алдырып жаткан башкы факторлор экенин милиция кызматкерлери белгилешет.

- Бизде балдарга тиешелүү адабияттардын жоктугу, оң жолго сала турган тиешелүү кинофильмдердин аздыгы, тескерисинче, интернет сайттардагы, теледеги балдарга тескери таасир этүүчү кинофильмдердин, түрдүү оюндардын көптүгү, андан сырткары биздин коомдогу криминалдык чөйрөдөгү болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн бардыгы массалык маалымат каражаттары аркылуу элге, ошондой эле балдарга дагы жетип атат,- Ош шаардык милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Замирбек Сыдыков

Жергиликтүү психолог Гүлмира Абдразакова жаш өспүрүмдөрдүн кылмыштуу көрүнүштөрдү адатка айландырып, аны жакшы жорук катары кабыл ала баштаганын белгилейт:
- Бүгүнкү күндө жаш өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктун көрсөткөн таасиринен калкалап калуу үчүн биринчиден үйдө ата-эне көңүл бөлүш керек. Баланы коомдогу ар түрдүү таасирлерден калкалаш үчүн мисалы, жөнөкөй эле компьютердик оюндардан, теледеги фильмдерден, балага таасир тийгизе турган факторлордун өзү толтура болууда, ошол таасирлерден калкалоодо сөзсүз түрдө ата-эне тарабынан көзөмөл болуш керек.

Жакында Ош шаардык мэриясынын алдындагы жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча комиссияда мектеп рэкетчилиги, топтошкон мушташууларды уюштуруу өнөкөттөрү сыяктуу маселелер талкууга алынып, жагдайды жөнгө салуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген.

ЖАЛАЛАБАТТА ӨЗБЕК КООМЧУЛУГУ ЭМНЕГЕ НААРАЗЫ?

Жалалабад дубанынын бийликтери бул жакта улутка бөлүп жаруу, башка улуттагыларга кысым көрсөтүү жок экендигин бүгүн болгон жыйында жар салышты. Буга себеп, Кыргызстанда улут аралык мамиле курчуп жатканы жөнүндө өткөн жумада өзбек улуттук маданий борборунан президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жиберишкен.

Өзбек маданий борборунун өкүлдөрү Президентке жазган катында өзбек ишкерлерине тоскоолдук жасалып, кадр саясатында өзбек жарандарына көңүл бурулбай жатканы, ыңкылапчыл аялдар Ош окуясын кайра кайталоо менен коркутуп үркүтүп жатканы жөнүндө жазышкан. Президенттен маалымат каражаттары аркылуу өзбек улутуна карата так позициясын билдирүүнү талап кылышкан. 80 улут жашаган өлкөнү «кыргыз эли-жери» деп эмес, Кыргызстан деп атоо маселесин көтөрүшкөн.

Өзбек маданий борборунун вице-президенти Шакиржан Хамрабаевдин оюнда республиканын гимнинде «мамлекет - кыргыздарга гана тиешелүү деп айтылып калган» жана карапайым калк арасында улут сүрүштүрүү, коркутуу-үркүтүүлөр байкалууда:

- Гимнде кыргыз эли деп жазылган. Кыргызстан Республикасы деп койсо жакшы болот эле. Түшүнбөгөндөр да бар.

Областын жетекчилери өз кезегинде бардык улуттардын тең укуктуулугун сактаган саясат жүргүзүп жатышканын белгилешүүдө. Жалалабаддын башкаруу чөйрөсүндө, мекеме-уюмдардын башчыларынын арасында өзбек улутунун өкүлдөрү жок эмес. Декабрдагы шайлоодо бир нече өзбек уулдары-айыл өкмөттүккө шайланышты. Губернатор Жусупжан Жээнбековдун айтымында улуттар аралык мамилеге өзбек эли эмес, областтык борбордон базарга жер алалбаган адамдар жарака салууда

- Бул жерде кыргызстандыктар, кыргыздар дегендин эмнеси жаман. Ушундай сөздөрдөн өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлоп, жогорку бийликке, эки элдин ортосунда секин таш ыргытып коюп турган бул уят, бузукулар деп мен ушуларды айтам. Арасында беш-алтоо бар.

Губернатордун орунбасары Айбек Акбаров - өзбек жигити. Айбектин пикиринде социалдык маселеде бардык улуттар жабыр тартууда:

- Азыр бардык проблеманы колдон келишинче чечип атабыз. Бул өзбек, бул кыргыз деп бөлүп- жарган жерибиз жок.

Облустун чок ортосундагы «Нооруз» маданий комплекси тартип сакчылары тарабынан бир нече жолу текшерилген. Маданий жайдын башчысы Жалалиддин Юсупов алкыш алуунун ордуна кысым жасалганына нааразы:

- Көргөн-билгендер ырахмат дешип атат. Балама, мага ырахмат айтсын. Булар ырахмат айтуунун ордуна текшерип жатышат.

Шаар башчысы Ильяс Айсариев өз кезегинде «Нооруз» комплекси экономикалык максатта текшерилгенин билдирет:

-Бир эле Нооруз кафесин эмес, шаар боюнча бардык ашканаларды бүгүнкү күндө инвентаризация кылып, киргизип атабыз. Ошонун негизинде болуп аткан экономикалык чыр-чатак.

ЦЕМЕНТ МЕНЕН ШЫЙПЫР ЭКСПОРТКО КЕТЕТ, ЭЛГЕ ЖЕТПЕЙТ

Цемент менен шыйпырдын жетишсиздиги, кымбаттыгы жана адис жумушчулардын тартыштыгы Кыргызстанда курулуш тармагын аксатып жаткан курч проблемалар болуп саналат. Бул жөнүндө өлкөдөгү ири курулуш ишканаларынын жетекчилери 17-январда премьер-министр Феликс Кулов менен болгон жолугушууда белгилешти.

Курулуш тармагынын негизги көйгөйлөрүнүн бири-курулуш материалдарын, анын ичинде цемент менен шыйпырдын жетишсиздиги деп белгилешти куруучулар. Канттагы завод жылына 1 млн 100 миң тонна цемент даярдайт. Бирок, Жогорку Кеңештин депутаты Рахатбек Ырсалиевдин айтымында, аталган заводдун чыгарган продукциясынын көп бөлүгү экспортко кетет, ушундан улам, айыл жергесинде менчик үйлөрдү курууга да, шаарда социалдык турак-жайларды тургузууга да эң зарыл болуп эсептелген цемент жана шифер бүгүнкү күндө таңсык жана кымбат болууда. Ошондуктан, өкмөт жок дегенде заводго цемент менен шыйпырды экспорттоого квота коюп берүүгө тийиш:

-Бизде цемент менен шыйпырды бир эле завод чыгарат. Бирок алардын чыгарган продукциясы негизинен экспортко кетет. Ушул боюнча өкмөт бир чара көргөнү билинбейт. Бул маселени Жогорку Кеңеште да көтөрүп жатабыз. Биз бул маселени мыйзам менен чечели деп атабыз. Монополияга каршы агенттик бул маселени көзөмөлгө алууга милдеттендирилет. Же болбосо цемент менен шыйпырды сыртка сатууда заводго квота киргизүү керек. Ошондо гана бул маселе чечилет,- деди депутат Рахатбек Ырсалиев.

Курулуш тармагын аксатып жаткан дагы бир проблема - адис жумушчулардын жетишсиздиги деп айтылды. Курулушчулардын айтымында мурунку күчтүү адистердин көпчүлүгү Орусия жана башка жактарга иш издеп кетип калышкан.

Курулуш тармагынын өнүгүүсүнө бөгөт болуп аткан маселелердин бири-жер тартыштыгы. Учурда борбор калаада жана анын айланасында үй курууга бериле турган бош жер калган эмес. Мындан тышкары, жерди бизнеске айландыргандар да көп болууда. Ушундан улам, өкмөт башчы эгер жер ээси эки жыл ичинде жерине курулуш куруп баштабаса, жер салыгын төлөтүү тууралуу сунуш киргизди. Анын пикирин курулушчулар эки жыл эмес, бир жыл мөөнөт менен берүү керек деген сунуш менен колдоого алышты.

Өкмөт башчы он күндөн кийин курулушчулар менен дагы жолукмакчы. Келеркисинде курулушчулар бул тармакты өнүктүрүү боюнча өкмөткө сунуштарын жана талаптарын ала келүүлөрү тийиш.

МУРАТБЕК СУТАЛИНОВ: САНАТБАЕВДИН ӨЛҮМҮНҮН СЕБЕПТЕРИ ДАГЫ ЭЛЕ ТАБЫШМАК

Жалданма киши өлтүргүчтөрдүн колунан набыт болгондордун саны жыл санап арбып баратышы кийинки жылдары коомчулукту катуу түйшөлтүүдө. Белгилүү спорт чебери Раатбек Санатбаевдин бейажал өлүмүн иликтөө кандай жүрүп жатканы 16-январда парламент жыйынында талкууланды. Кыргызстандын күч кызмат жетекчилери кылмыш иши кылдат иликтенип жатканын белгилеп, азырынча андан жыйынтык чыга электигин маалымдашты.

Кыргызстандын ички иштер министри Муратбек Суталиновдун маалымдашынча, 2000-жылдан бери жалданма киши өлтүрүү боюнча 38 кылмыш иши катталган. Буга кошумча жаңы жылдан бери эки адам жанкечтилердин аткан огунан курман болду. Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытып келген белгилүү спорт чебери Раатбек Санатбаевди атып өлтүргөндөрдү табыш үчүн атайын иликтөө тобу түзүлүп, оперативдик иш-аракеттерди жүргүзүүдө.

- Ушу тапта уюшкан кылмыштуулук менен буйуртма киши өлтүрүүлөрдүн активдешип кеткени чоң маселе болууда. Кылмыштуу дүйнөнүн калганы көзөмөлдө турат. Р.Санатбаев иши боюнча айта кетейин, ал өзү жубардай таза, аккөңүл, жөнөкөй, кичипейил жигит эле, кыргыздын сыймыгы болчу. Тилекке каршы, азырынча анын өлүмү боюнча түздөн-түз шектелген бирөө да жок. Аны эмнеге өлтүрүштүн себеби да белгисиз. Бул жалгыз бизге эле эмес, коомчулукка деле табышмак бойдон калууда. Азыр иш жүрүп жатат, жакын арада кайсы багытта иштерибиз ачыкка чыгып калат,- деди Муратбек Суталинов.

Буга чейинки адам өлтүрүү фактысы боюнча козголгон 38 кылмыш иштин сегизи гана ачылып, калганы дагыле иликтенүүдө. Ички иштер министри Кыргызстанда 24 кылмыштуу топ, төрт кылмыштуу биримдик тартип коргоо органдарынын көзөмөлүндө турганын билдирди.

Кийинки кездери кылмыштуулуктун күчөп кетишине бийликтин бошоңдугу, криминал менен күрөшүүгө саясий эркинин жетишпестиги себеп болуп жатканын Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаев белгиледи:

- Мына сиз айтып жатасыз «курал көтөрүп жүргөн адамды 15 жылга отургузуш керек» деп. А сиз канчасын эки жылга отургуздуңуз! Курал көтөргөн адамдар мына биздин Жогорку Кеңештин алдында жүрдү го. Издөөдө жүргөн адамдар менен саламдашып көрүп аттыңыз! Издөөдө жүргөн адамды камабадыңыз го! Куралын курсагынан көрүп туруп 2 жылга эмес 5 күнгө отургуза албадыңыз го! Анан баарыбыз айткандан коркобуз. Ушул өлүмдөрдүн бардыгы, табияты, келип чыккан себептери бир. Мен мурунку өлүмдөрдү билбейм, бирок да кийинки өлүмдөрдүн баары саясатка, саясий эрктин жоктугуна барып такалат.


Күч кызматы кылмыштуулукка каршы катуу күрөшө албай, антишке саясий эрки жетпей жатканына нааразы экенин Депутат Азимбек Бекназаров да жашырган жок:

- Кеп бүгүнкү күндө мен ойлойм, мына министрлер, өкмөт мүчөлөрүнө, бардыгыбызга, саясатчыларга саясий эрк жетишпестигине байланыштуу болууда. Психологиялык жактан өзгөрүшүбүз керек. Бизде дагыле баягы А.Акаевдегидей бир үй-бүлөдөн болгон саясаттан, бир кишиден болгон саясаттан чыга албай, ошого ыктоонун кесепетинен ушундай иштер болууда.

Кыргызстандагы кийинки жылдагы окуялардын чоо-жайын «Демократиялык күчтөр биримдиги» партиясынын жолбашчысы Кубатбек Байболов ыңкылапчыл маанайга байланыштуу түшүндүрөт.

- Мамлекет тарабынан кармалып жаза албаса, жазаланбаса, андан кылмыштуулук көбөйөт да. Анан революциянын кыймылдаткыч күчтөрү өздөрүнүн «дивиденддерин» талап кылат да.

Айрым байкоочулардын ырасташынча, «колумбия өнөгөсү» Кыргызстанды байырлап калганына кыйла болгон. Тек мурда жаап-жашырылып келген илдеттин 24-марттан кийин ачыкка чыгып жарылып жатышынын себеп-натыйжасы, чоо-жайы бүгүн эле чыга калган эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG