Кыргызстан системалуу кризиске капталганы кыйладан бери эле айтылып келатат. Ага жүйөө катары 24-марттан кийин мурдагы башкаруу механизми өзгөрүлбөй калганы, саясий-экономикалык реформалар жүрбөй турганы мисалга тартылууда. Ушул аптада парламентте кенен эки күн чоң талкууга алынган күч кызматтарын реформалоо маселеси соңунда барып кадыресе чечим менен бас-бас болунду.
Орусияда жакында КМШ өлкөлөрүнөн келип жашап аткан мигранттарга атуулдук берүү болгон. ЕврАзиялык Экономикалык уюмдун катары Өзүбекстандын кошулуусу менен арткан. Кыргызстанда кылмыштуулук бийликке кантип жолтоо болуп жатканы орус тилинде чыкчу маалымат каражаттарында өз баасын алып атат.
Былтыр март ыңкылабы чагында Улуттук банктын Жалалабаттагы башкармалыгынан 22,7 миллион сом акча жоголгон. Ал акчалардын дайыны алигиче чыга элек. Ага байланыштуу кылмыш иши сотко өткөрүлгөн, бирок, айыпкер менен жабырлануучунун соттук кароого келбегендигинен сот иши каралбай келатат.
Кабыл Макешов, Бишкек 27- январда Бишкекте Улуттук олимпиада комитети эл аралык олимпиадалык хартияга ылайык жаңы Уставы кабыл алды. Ошондой эле уюмдун жаңы 45 мүчөсү да шайланды.
Чолпон Орозобекова , Бишкек Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Таштемир Айтбаев менен кылмыш дүйнөсүнүн төрөсү атыккан Рыспек Акматбаев аларга карата премьер-министр айткан айыптоолорду төгүндөп четке кагышууда. Алар жооп катары Ф. Куловдун өзүнүн кылган кылмыштары жөнүндө билгендерин эскертип бүгүн каршы чабуул башташты. Премьер-министр Феликс Кулов кечээ кылмыш дүйнөсү менен бийликтин коюн-колтук алып баратышы өлкөгө коркунуч туудуруп жатканына тынчсызданган билдирүү таратып, анда мындай коркунучту жаратып аткандар катары УКК жетекчиси Т. Айтбаев менен сот актап жиберген Рыспек Акматбаевди атаган болчу.
Кабыл Макеш, Бишкек Кыргыз парламенти 26-январда Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Таштемир Айтбаевди жана коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Вячеслав Ханды отставкага кетирүүнү Президенттен сураган чечим кабыл алды.
Кыргызстан мамлекет катары жоголуу коркунучуна жакындоодо. Буга криминал менен бийликтин «мышык-чычкан оюну» себеп болушу ыктымал. Жаңы бийликтин кадр саясаты, коррупция менен уюшкан кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөш жүргүзө албагандыгы элдин ишеничин жоготууда. Апта соңундагы кыргыз басылмаларында бийлик менен криминал темасы арбын чагылдырылды.
Р. Акматбаевди актаган сот чечимин талашып, ИИМ тергөөчүлөрү кийинки сот инстанциясына кайрылган жатышат.
Премьер-министр Феликс Кулов 25-январда кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Рыспек Акматбаевди актаган сот чечимин айыптаган билдирүү таркатты. Өкмөт башчысы Р.Акматбаевдин акталышын өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолундагы чоң коркунуч деп атаган.
Бул аптада кыргыз гезиттеринин башкы темасы бир жумадан бери нааразылык акциясына чыгып жактан темир жолчулардын митинги жана белгилүү спортчу Раатбек Санатбаевдин өлүмүнө шектүү деп кармалган Алдаяр Исманкуловдун иши жөнүндө болду.
Дагы жүктөңүз