Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 05:47

Кыргызстан

ЖЕҢИЛДИКТЕРДИ АКЧАЛАЙ БЕРҮҮГӨ МАЙЫПТАР, ПЕНСИОНЕРЛЕР КАРШЫ ЧЫГЫШТЫ

Жаңы жылдан тарта калкты социалдык жактан коргоо министрлиги акчалаштыруу системасын киргизүүнү көздөөдө. Буга ылайык жеңилдиктердин айрым бир түрлөрү акчалай төлөм менен алмаштырылмакчы. Бирок согуш ардагерлери, майыптар жана жалгыз бой пенсионерлер буга каршы чыгышууда. Алар жеңилдиктер мурдагыдай калыбында калтырылышын талап кылып жатышат.

Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңы жылдан тарта баскыч-баскыч менен электр энергиясы, коммуналдык кызмат үчүн, транспорт акысына берилүүчү жеңилдиктердин орду да акчалай төлөм менен алмаштырылмакчы. Бирок буга жалгыз бой карыялар, майыптар жана согуш ардагерлери каршы чыгышууда. Бишкектеги согуш ардагерлери биримдигинин төрагасынын орун басары Эсенаман Тойгонбаев мурдатан бекер берилип келген дары-дармектер акчалай төлөм менен алмаштырылганы кыйынчылык башталганын билдирди. Анын айтымында, дары-дармек үчүн бир жылга бөлүнгөн 400 сом кээде бир дарыга да жетпей калат:

-Ошол 400 сомду да убагында албай атабыз. Дары бизге күн сайын керек болот, күнүмдүк ичилүүчү дарылар бар. Муну көргөн ардагерлер акчалаштыруу системасына албетте, каршы болуп жатышат. Бизге каралган жеңилдиктер тууралуу мыйзамда кандай жазылса, ошол боюнча гана берилүүсүн талап кылабыз.

Эсенаман Тойгонбаевдин айтымында, ардагерлердин атынан жеңилдиктерди өз ордунда калтыруу өтүнүчү жазылган атайын кайрылуу президентке, өкмөт башчыга жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигине жиберилген.

Ал эми калкты социалдык жактан коргоо министрлигинен билдиришкендей, жеңилдиктердин ордун акчалай төлөм менен алмаштырууну колдогон ардагерлер да арбын. Анткени, бул система биринчиден, жеңилдик алуучу жарандардын ашык баш кагаздарды толтуруп, ары-бери чуркамай түйшүктөн арылтса, экинчиден акыркы убактарда кагаз жүзүндө гана калган жеңилдиктер үчүн акча алууну туура көргөндөр бар.
Калкты социалдык жактан коргоо министринин орун басары Өктөмхан Абдуллаеванын айтымында, жеңилдиктердин ордун акчалай төлөм менен алмаштыруу тажрыйба түрүндө баскыч-баскыч менен жүргүзүлмөкчү:


-Бул системага акырындык менен өтөбүз. Мүмкүн жеңилдиктердин баарын эмес, айрымдарын гана, алсак: электр энергиясына, транспортко, коммуналдык кызмат акысы үчүн төлөнүүчү жеңилдиктердин ордуна акчалай төлөм берилет. Анткени азыр транспорттун дээрлик баары менчикте, жакында электр энергиясы менчиктештирилет. Ошондуктан, акчалаштыруу системасына өтүү зарылчылыгы келип чыгууда. Бул улам бир баскычта, тажрыйбалык негизде жүргүзүлөт.

Министрдин орун басары Өктөмхан Абдуллаева акчалай төлөмдөр пенсиянын жана жөлөк пулдардын өлчөмүнө жараша чектелет деп билдирди.
Расмий маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө Кыргызстанда 600 миңден ашуун үй-бүлө жеңилдиктердин ар кандай түрүнөн пайдаланышат. Согуштун ардагерлери, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, жалгыз бой карыялар жана башка социалдык жактан жетишпеген адамдар үчүн 30дан ашуун жеңилдиктер каралган. Өткөн жылы акчалай төлөм менен карыяларга жана майыптарга берилүүчү дары-дармектердин орду алмаштырылган эле.
Акчалаштыруу системасынын оң жана терс жактары тууралуу эксперттер өздөрүнүн пикирлерин билдиришүүдө. Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев бул системанын оң жактары көп деген пикирде. Анын айтымында, мындай жол мамлекетти өнүгүүгө алып келет:


-Совет мезгилинде жеңилдиктер өз убагында, бардык категориядагы адамдарга берилчү. Ал эми базар экономикасынын шартында жеңилдиктин бардык түрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, алардын ордуна акчалай төлөп берүү жакшы натыйжаларды берет.

Бирок айрым бир байкоочулардын оюнча жеңилдиктердин ордун акчалай төлөм менен алмаштырууга өкмөт өзү даяр эмес. Биринчиден, мамлекеттик бюджетте жеңилдиктердин ордуна берилүүчү акчалай төлөмдөрдү өз убагында жана жетиштүү түрдө камсыздоого каражат жок. Экинчиден, бул система бюджеттин чыгашасын көбөйтөт, себеби айрым бир адамдар тарабынан мурда колдонулбай келген жеңилдиктердин баарына акча бөлүүнүүгө тийиш.
Акчалаштыруу системасы карыган адамдардын жакырланышына алып келүүсү мүмкүн деген чочулоолор чыгууда. Адистердин айтымында, буга жеңилдиктердин ордуна берилүүчү акчалай төлөмдөрдүн аз ченелүүсү жана ал төлөмдөрдүн өз убагында берилбегени себеп болот.

ЧЕГАРА СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮ ТЫМЫЗЫН ЖҮРҮП ЖАТКАНЫ НААРАЗЫЛЫК ТУУДУРДУ

Өзбекстан менен чектеш аймакта жашаган жарандар чегара боюнча коңшу өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан өкмөттүк комиссиянын ишин сынга алышууда. Алар өкмөттүк комиссияга чегара сүйлөшүүлөрү жөнүндө элге ачык айтпайт, түшүндүрүү иштерин жүргүзбөйт деген кине коюшууда. Кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия 2000-жылдан бери иш жүргүзүүдө. Бул арада жалпы узундугу 1295 чакырым келген эки өлкө чек ара тилкесинин 1038 чакырымы такталды. Учурда сүйлөшүү эки ортодогу талаштуу делген аймактарга жетип, тараптардын бир пикирге келүүсүн кыйындатууда.

Кыргызстанда коңшу өлкө менен чегара тилкесин аныктоо иштеринин жүрүшүнө ичи чыкпаган жарандар нааразылыгын ачык айтып чыгышууда. Маселен, Өзбекстандын Сох анклавына чектеш Баткендин Таян айылынын тургуну Амиракул Алтымышев аталган комиссия ишин ачык жүргүзбөгөнүн, жергиликтүү тургундардын көпчүлүгүнүн бул маселе боюнча түшүнүгү жоктугун айтат:

- Делимитация иштерин жүргүзүүдө эреже боюнча жергиликтүү калккка ошол иштердин кандай болуп жатканын айтып, түшүндүрүп туруу зарыл экен. Бирок өткөн жылдары Сох анклавына айланасындагы чек араны кароо учурунда элге түшүндүрүү, элдин ойун билүү сыяктуу эч кандай иштер жүргүзүлгөн жок. Баары тымызын болгондой. Эл кайсы жер, кайсы аянт, кайсы суу кимге тиешелүү болгонун, чек ара сызыгы кайсы жерден өткөнүн билбейт. Мунун айынан барып-барып коңшу элдердин ортосунда чыр-чатак чыгышы мүмкүн.

Жалалабад облусундагы Аксы районунун тургуну Бектемир Багышкулов да бизге ушундай эле пикирин билдирди:

- Чек араны аныктоо боюнча мамлекеттер аралык комиссиянын иши тууралуу элде маалымат жок. Элге чек арадагы талаш аймактар, бул иштин жүрүшү тууралуу так маалыматтар жетпей жатат.

Ал эми эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келаткан өкмөттүк комиссиянын башчысы Саламат Аламанов мындай пикирлерге макул эмес:

- Эл менен деле жолугуп жатабыз. Балким айрым адамдар менен жолукпай калсак ошолор айтып аткандыр. Себеби ошол жердеги элдин баары менен жолугуу мүмкүн эмес экен. Чек ара маселесине тиешелүү адамдар менен ар дайым жолугуп турабыз. Бизде маалыматтарды айтпай коелу деген ой жок. Бул маселеде колдон келишинче жалпыга маалымдоо каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып жатабыз.

Саламат Аламановдун маалыматына караганда, жалпысынан кыргыз-өзбек чек арасында эки тарап бир пикирге келе албай жаткан 50 чакты аймак бар. Өкмөттөр аралык комиссиянын быйылкы жылдагы алгачкы жолугушуусу февраль айында Жалалабат облусунда болоору күтүлүүдө.
Өкмөттөр аралык комиссия учурда чек ара тилкесинин татаал маселелери бар бөлүктөрүнүн үстүндө иштеп жаткандыктан эки тараптуу жолугушууларда мурдагыдай узун-узун чакырымдар аныкталбай, чек араны аныктоо иштерин кыйындатууда.

- Азыр өтө татаал маселелери бар бөлүктөрдү талкуулаганга өттүк,- дейт Саламат Аламанов. - Ошондуктан мурдагыдай узун-узун чек ара сызыктарын жазып, тактап жүргөндөй болбой жатат. Эми бул иштеген материалдын татаалдыгына байланыштуу.

Саламат Аламановдун айтымында, негизинен Өзбекстандын Сох, Шахимардан анклавдарынын айланысындагы жана учурунда кандайдыр бир себептер менен Өзбекстанга өтүп кеткен жерлер маселени кыйындатууда.

Негизинен анклавдардын тегерегениндеги, суу сактагыxтарга байланышкан чек ара бөлүктөрү, мындан сырткары Алабука районундагы бир кездеги 1-Май колхозу Өзбекстанга өтүп кеткен жерлер бар экен.

ЖАҢЫ БИЙЛИК КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ ЖАҢЫЧА КҮРӨШКҮСҮ КЕЛЕТ

Президент Курманбек Бакиев 30-декабрда коррупцияга каршы иштей турган улуттук кеңештин төрт мүчөсүн бекитти.Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык президент 21-октябрда коррупцияга каршы күрөш боюнча агенттик жана улуттук кеңеш түзүү тууралуу жардык чыгарган. Ушул эле максатты көздөгөн эки уюм мурдагы бийликтин тушунда да иштеп келген. Азыркы бийлик коррупцияга каршы күрөштө кандай өзгөчөлүктөргө ээ болушу мүмкүн?

Президенттин жардыгына ылайык Коррупцияга каршы күрөш боюнча көз карандысыз бул агенттиктин курамы 49 кишиден туруп, аны комиссар башкарышы керек. Агенттик ушул жылдын этегинде же келерки жылдын башында түптөлөөрү болжолдонуп жатат. Ага чейин улуттук кеңеш агенттиктин жүргүзө турган иш багыттарын аныктап, тиешелүү мыйзамдарды иретке келтириши керек. Бул тууралуу коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов «Азаттыкка» билдирди:

- Биринчи этапта мониторинг болот. Коррупция кайсы деңгээлде экен, кайсы тармактар, кайсы ишканалар коррупцияга жакын? Ал кандай формада болуп атат? А эмки жылда, мүмкүн жылдын аягына чейин биз мыйзамдарга биртоп өзгөртүүлөрдү киргизсек, анда тергөө-оперативдик органдар пайда болуп, анан бул коррупцияга каршы күрөш боюнча улуттук агенттик болуп калат.

Ниязовдун айтымында, улуттук агенттикти комиссар башкарып, комиссарга он бир мүчөдөн куралган улуттук кеңеш макулдук бериши керек. Анын алгачкы төрт мүчөсүн президент бекитти. Алар - президенттин коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Бусурманкул Таабалдиев, премьер- министрдин коргонуу жана укуктук тартип бөлүмүнүн өкүлү Бейшенбай Жунусов, Жогорку Кеңештин депутаты Рашид Тагаев, Жогорку Соттун судьясы Лариса Гутниченко. Булардан тышкары коомдук уюмдардан дагы 6 өкүл тандалып алынмакчы. Азыр 30 кишинин талапкердиги кароодон өтүп жатат. Улуттук кеңештин курамы январдын этегине чейин түзүлүп бүтөт, бирок, бул уюмдун башында боло турган 11- мүчө кайсы тараптан болору, ал кандай шартта тандалып алынары тууралуу расмий маалымат берилген жок.
Коопсуздук кеңешинин катчысынын ишениминде жаңы мекеме мурдагы бийлик түзгөн мекемеден коррупцияга каршы негиздүү күрөшө ала тургандыгы менен айырмаланат:

- Мурда таза коом, акыйкат башкаруу деген немелер чыкпады беле. Биз ушундай жасап атабыз деп, эл аралык уюмдар алдында көрүнүү үчүн түзүлсө керек, бирок, алар өз милдетин так аткарган жок. Азыркы түзүлүп жаткан мекеме элдин жалпы кызыкчылыгын- илимий-практикалык ыкма менен изилдеп, жолубузду табышыбыз керек. Коррупция менен сөз аркылуу эмес, негиздүү күрөшүш керек.

Аскар Акаевдин бийлиги учурунда акыйкат башкаруу боюнча премьер министр жетектеген улуттук кеңеш жана президент башкарган координациялык кеңеш иштеген. Бирок, алардын ишмердүүлүгү коомчулуктун кескин сынына кабылган. «КДК» саясий партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев мындай жаманаттыга калбаш үчүн азыркы бийлик түзүп аткан органдын саясий эрки күчтүү болушу керек деген ойдо:

- Агенттик деп атышпайбы, ошол жерде жаңы бийлик эч кимге көз каранды болбогон, кылчактабаган, түз, ишти аягына чыгара турган адамдарды дайындай алса, анда ишти жылдырышы мүмкүн. Эгер андай болбой калса, баягы эле коррупциянын казанында кайнап жүргөн адамдарды коюп кое турган болсо, анда оор болуп калат. Анда жемишин бербейт.

Президенттин карамагындагы укук коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун Бакиев башкарган азыркы бийликтин коррупцияга каршы чындап күрөшөрүнө түпкүлүгүндө ишенет. Бирок, кеңештин курамына мамлекеттик бийликтен келгендердин айрымдарына ичи чыккан жок:

- Кеңештин курамын карап көрсөм, Акаевдин тушундагы адамдар да кирип кетиптир. Алар турганда кеңеш толук кандуу иштей албашы мүмкүн. Ал үчүн мурдагы бийлик менен эч байланышы жок, колу таза адамдарды коюш керек болчу.

Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын пикиринде, коррупцияга каршы күрөшүүдө азыркы бийлик мурдагынын катачылыгын кайталагысы келбесе, эң биринчи кезекте мыйзамдарды иретке келтириши керек:

- Баарын комплекстүү иретке келтириш керек. Бул төрт-беш жылдык иш.

Жарандык уюмдар 2 миңден ашык мыйзамды салыштырып, алардын 42% бири-бирине карама-каршы келерин аныкташкан. Мындай көрүнүш коррупциянын гүлдөп-өнүгүшүнө олуттуу шарт түзүп берет деп эсептейт жарандык коомдун өкүлү.
Ал эми эл аралык уюмдар Кыргызстандагы коррупцияны жоюу үчүн ондогон жылдар талап кылынарын белгилеп келатышат.

МЕДИАРЕФОРМА: БИР КАДАМ АЛГА, ЭКИ КАДАМ …

Өкмөт ээлигиндеги маалымдоо каражаттарын реформалоо Улуттук телерадиокорпорацияны коомдук телекөрсөтүүгө айландыруу же аны мамлекет ээлигинде калтыруу маселесине барып такалууда. Президент жарлыгында «Ош – 3000» телекомпаниясын «ЭлТР» компаниясына өзгөртүп, аны жалпы республикалык каналга айландыруу милдети коюлган. Азырынча ал иштин жүзөгө ашышы биртоп күмөндүү суроолорду жаратууда.

Биртоп парламент мүчөлөрү, коомдук уюмдардын өкүлдөрү өткөн жылдын соңунда Финляндия менен Эстонияга ат арытып барып, мына ушул маселе деңиз боюндагы эки өлкөдө кандай чечилгенин көрүп кайтышкан. «Журналист» коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиевдин ырасташынча, Кыргызстан үчүн Эстониянын үлгүсү кыйла жакын. Ал жерде өкмөт мамлекеттик бюджеттин эсебинен жыл сайын коомдук телекөрсөтүүгө каржы бөлүп турат. Бирок да аткаруу бийлиги коомдук телекөрсөтүүнүн ишине кийлигише албайт.

- Ал жерде жанагы көзөмөл кеңештин чечими менен жетекчиси дайындалат. Телерадиокомпаниянын жетекчиси, орунбасарлары көзөмөлдөө кеңешинин чечими менен дайындалышат. Биз да ошону киргизишибиз керек.

«Интернюс» коомдук уюмунун өкүлү Эльвира Сариеванын айтымында, улуттук телерадиокорпорациясын реформалоодо Эстониянын тажрыйбасынын Кыргызстан үчүн кабыл алар биртоп жакшы жактары бар.

- Эстониянын форматы деле Кыргызстанга жакыныраак. Анткени алар деле Советтер Союзунун курамында турган. 1991-жылы алар коомдук телекөрсөтүү форматын киргизишкен экен. Алардын телекөрсөтүүсү деле советтик системанын курамында турган болчу. Биздин оюбузча, КТРди реформа кылыш керек, коомдук телерадиокомпания кылыш керек.

Финляндияда коомдук телекөрсөтүүнүн каржылык чыгымын калк өзү көтөрөт. Үйүндө телевизору бар финляндиялыктардын баары абонент акысын төлөшөт. Кыргызстандын азыркы экономикалык шартында алдагыдай иштин өтөлүнө чыгыш кыйын. «Медиаөкүлчүлүк» институтунун жетекчиси Шамарал Майчиев коомдук телекөрсөтүүнүн байкоочулар кеңешине жарандык коом, ишкерлер чөйрөсүнөн өкүлдөр кирип, алар парламенттин сыноосунан өтүшү керек деп эсептейт.

- Коомдук телекөрсөтүү бир эле канал болот, ал улуттук канал болуусу керек. Бүгүн бизде бир эле улуттук телеканал бар, ал - телерадиокорпорация. Ошон үчүн реформаны мына ушул телерадиокорпорациядан башташыбыз керек. Ал эми башкы директорду президент дайындаганда ал президентке көз каранды болуп калат. Анда реформа болбойт.

Өткөн жылдын соңунда Кыргызстан парламенти Улуттук телерадиокорпорация тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окуудан кабыл алды. Жаңы жылда мыйзам долбоору экинчи окуудан өтүшү күтүлүүдө. Жаңы мыйзам долбоорунда коомдук телекөрсөтүүнү түзүү демилгесин жактоочулардын көңүлүнө төп келбеген жобо – коомдук телекөрсөтүүнүн жетекчисин президенттин өзү дайындап, кызматтан алышы, байкоочулар кеңеш курамын да мамлекет башчынын өз жарлыгы менен бекитиши кирип калган. Кубан Мамбеталиев бул буга чейинки жасалган дурус иштердин баарын жокко чыгарчу жобо дейт.

- Биринчи окууда булар эки нерсени абсурддук түрдө, дүйнөлүк тажрыйбада жок нерсени киргизип салышты. Мисалы, көзөмөлдөө кеңешти түзүп, ага үч тараптан үчтөн тогуз киши киргизилип жатат. Үчөөн президент, үчөөн парламент, үчөөн жамаат, КТРдин жамааты ошол үч кишини сунуш кылат экен. Бул абсурд да. Экинчи жери, телерадиокорпорацияны башкаруу, жетекчисин президент дайындайт деп жазылып калыптыр. Ал туура эмес.

Вице-премьер-министр Адахан Мадумаровдун ырасташынча, маалымдоо каражаттарын реформалоодон Улуттук телерадионун окчун калышы мамлекеттик кызыкчылыктан улам болуп жаткан иш. А.Мадумаров мырза эч качан КТРди реформалоо тууралуу кеп кылган эмесмин дейт:

- Мен антип биринчиден, айткан жокмун КТРден баштайбыз деп. Жалпы массалык маалымат каражаттары жөнүндө сөз болгон. Мынабу «Кыргыз туусу», «Эркинтоо», «Слово Кыргызстана» гезиттерине эркиндик берилет деп менин оозуман чыгып кеткен, эркиндикке кое бериш керек деп. Себеп, мыйзам ошону талап кылат. Өкмөт бир да гезит менен кошумча ээчиликке чыкпаш керек. Бул менин терең позициям ушундай.

Ушул айдын онуна чейин өкмөттүн колун караган маалымдоо каражаттарын реформалоо боюнча конкрет сунуштар айтылып, жаңылануу салты башталганы турат. Жаңы жылдык каникулдан соң парламент мүчөлөрү быйылкы жыл бюджети сындуу маанилүү маселелердин катарында Улуттук телерадиокорпорация тууралуу мыйзам долбоорун кайрадан талкуулоого өтүшөт.

СОТ РЕФОРМАСЫ. КЫРГЫЗСТАН КАНДАЙ ЖОЛДУ ТАНДАЙТ? КАРАҢГЫДА КҮРКҮРӨГӨНДӨР

Сот тармагындагы реформа, кыргыз-өзбек-казак мамилесиндеги газ маселеси тууралуу “Заман Кыргызстан” гезити жазды. Ал эми март ынкылабынан кийин Кыргызстандагы абал тууралуу анализ материалга “Акипресс” журналы орун берди.

Өлкө бийлиги тарабынан сот тармагын реформалоо, аларга эркиндик берүү тууралуу көп айтылды. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу талаш-тартыштарда да соттордун маселеси катуу каралды. Мына ушул маселе боюнча макала «Заман Кыргызстан» газетасынын жума 9-январда чыга турган санында орун алды. Анда макала автору Илим Жанузаков мынтип жазат:
Демаралда дем алган бардык мамлекеттик мекемелер, анын ичинде сот тармагы да ашкере коррупцияланып кеткени эч кимге деле сыр эмес. Учурунда Аскар Акаев деле соттордун 80 %ы коррупционер экендигин айткан. Анан кечээ жакында Өмүрбек Текебаев да соттор тууралуу кеп кылып атып, «аларды четинен кармап эле түрмөгө отургуза берсе болот» дегендей болду. Ошол соттор чоң саясий кызыкчылыктар жыттанган баш мыйзамды өзгөртүү маселесинде жөн гана кол жоолукка айлангандай.

Автордун жазышынча, бүгүнкү күндүн соттору деле жогору жактан соккон шамалга жараша ыргалып турат.

Ушул эле гезитте Бурул Бобуеванын макаласы жалпы дүйнөдөгү, анын ичинде Украина менен Орусия ортосунда, кыргыз-өзбек-казак мамлесиндеги газ маселесин талдоого алган.
Мындан сырткары Абдыкерим Муратовдун "Караңгыда күркүрөгөндөр" деген макаласы басылды. Анда автор өлкөдөгү жеңил өнөр жайынын абалына токтолот. Макалада жазылгандай, "миңдеген тигүүчү, ийрүүчү станокторун алып, миңдеген жумушчулар жертөлөөлөргө түшүп кетиптир. Аларды жашыруун жайларга айдаган биздин салык мыйзамыбыз, тескөөчү-текшерүүчү аппаратыбыздын ашкере кирише бергендиги, коррупциянын күчтүүлүгү жана коркунучтуулугу экен, деп жазат автор.
Ушу тапта "Кыргызстанда жасалган" деген этикеткалуу товарлар чет өлкөлөрдө эң жогорку суроо-талап менен өтөт. Бирок Кыргызстандын эң негизги экспорт товарлары болгон дал ошолор казынага анчалык акча түшүрбөйт. Себеби эмнеде?» деп келип, автор анын себептерин териштирет.

Март ыңкылабынан кийин өлкөдө кандай өзгөрүүлөр болду жана республика кандай жолдо бара жатат? Мына ушундай суроого анализ материал “Акипресс” журналынын кезектеги санында орун алды. Анда макала авторлору Таалайбек Койчуманов, Жоомарт Оторбаев жана Фредерик Старр учурда өлкөдө абал оор экенин белгилеп, ушундай абалга алып келген эски жана жаңы бийликтин башында тургандарына сын-пикирлерин айтышты.

Журналда жазылгандай, азыркы тапта жаңы бийлик элдин ишенимин кайтаруу максатында болгон иш аракеттерин жасап жатат. Бул жаатта ар кандай кадамдар жасалып жатат, мисалы, мамлекеттик кызматка кызматкерлерди тандап алуу, мамлекеттик структураларды кыскартуу, коррупцияга каршы күрөшүү жана башкалар. Бирок ошого крабастан мындай аракеттер фрагментардык мүнөзгө ээ.

Автор макаласын жыйынтыктап жатып, мындай деп жазат:
Өлкөдөгү саясат, экономика тармагындагы азыркы көйгөйлөр түздөн түз мамлекеттик башкаруунун эффективдүү болбогонунан болуп жатат. Саясий, экономикалык, социалдык реформаларды жүргүзүп жатып, өкмөт да, эл аралык донорлор да, өкмөттүн өзүн реформалоо тууралуу ойлонгон эмес,- деп жазат автор.

АСКАР САЛЫМБЕКОВ: ЧАКАН ИШКЕРЛИК ЭКОНОМИКАНЫ ӨРГӨ СҮРӨЙТ

Кабыл Макешов, Бишкек Жаңырган 2006- жыл спорттук мелдештерге бай болчудай. Февралда Италиянын Турин шаарында кышкы олимпиадалык оюндар өтөт. Жайында болсо Германияда футболдон дүйнө чемпионаты, күзүндө Катар өлкөсүндө 15- Азия оюндары өткөрүлөт. Мына ушундай мелдештерге катышуу үчүн спортчулардын даярдыгы өлкөнүн экономикасына байланыштуу. Ушул жана башка маселелер тууралуу спорттук баяндамачыбыз Кабыл Макеш Жогорку Кеңештин депутаты, өлкөнүн көк бөрү федерациясынын президенти Аскар Салымбеков менен маектешкен.

-Аскар мырза элдин жашоосу экономикага байланыштуу эмеспи, кичи жана орто ишкерчиликти өнүктүрүүгө эмнелер тоскоол болууда?

- -Экономика көтөрүлсө бардык тармактар: руханий, маданият, спорт да көтөрүлө баштайт. Казынаңда каражат жетпей турганда калк каракурсактын айын эле ойлоп калат экен. Алардын курсагын тойгузуп, “кайырмак берип, балык кармаганды үйрөтүп”, бизнес ачтырып, чакан жана орто бизнеске тартсак гана турмуш оңолот, экономика жогорулайт. Чоң мамлекет эмес экенбиз, чакан ишкерлик экономиканын локомотиви болгону турат. Табигый байлыктарыбыз бар, гидроэнергетика, тоо кендери жана башка байлыктарыбыз жетиштүү, бирок аны өзүбүз өздөштүрө албайбыз, чет жерден инвесторлорду таап, биргелешип иштетүүбүз зарыл. Чоң мамлекеттер менен темир жол, автомомбиль жолдорун жакшы оңдоп, жолдорубузду турукташтырып алсак, экономикабыз алдыга жылат.

-Парламентте кандай мыйзамдарды, долбоорду иштеп чыксам деген оюңуз бар?

- -Азыр көп эле даяр мыйзамдар бар. Мурунку чакырылыштагы мыйзамдар өтө элек экен. Алардын эки жүздөй долбоору жатат. Жаңы долбоордо азыркы ишкерлерге экономикабызга жардам берчү долбоорлор жагына көңүл буруп атам. Салык кодексине ар кандай пикирлер болуп атат. Ишкерлер да, бийлик да, өкмөт да салык кодексин кайра карап, толуктоо жана алымча- кошумчаларды киргизип, элдин “жон терисин сыйрып” албагандай салыктарды тактап алышыбыз керек. Экономикабызды алдыга жылдырбай колу, бутун байлап салган статьялар бар, ошолордон айрылсак деген ой бар. Ушул жаңырган жылы- Конституциялык реформаны кабыл алсак деген да ой- тилек бар. Ушул Башмыйзамды кабыл алсак, ал бардык мыйзамдардын атасы жана башаты. Талкууга катышкандар туура эле айтып атат, бардык мыйзамдуу аракеттер Конституцияга такалып атат деп. Он беш жылдагы кемчиликтерди кетирбей туура реформалап алсак, экономикабызды алдыга жылдырчу Конституцияга келсек деген ойдобуз. Менин жеке оюмча Кыргызстан парламенттик мамлекет болуш керек экен. Партиялык система кирсе, шайлоолорубуз жанагыдай можаритардык система менен өтүп, толук 100 пайыз партиялык система менен парламент келип, анан президентти, премьер- министрди шайлап алсак, кийин создуктурбай эле ушул жылы эле ушундай демилгелүү иштерди бүтүрүп алалы. Президент Курманбек Бакиев айтып атканы туура, референдум аркылуу өткөрүп, кайсы бийликти эл кабыл алат, президенттикпи, же президент-парламенттикпи, же парламенттикпи ушуну тактап алганыбыз, эл чечип бергени туура. Ушул 2006-жылы референдумду өткөрүп, ошого ылайык реформаны өткөрүп, 2010-жылы эл кайсы системаны тандаса ошого барышыбыз керек.

-Сиз спорт тармагын “коен жатагына” чейин билген адис катары кыргыз спортунда 2006-жылы кандай өзгөрүүлөрдү алып келет деп ойлойсуз?

- -Спорт тармагын көтөрүш оңой-олтоң иш эмес. Ар бир мамлекеттин маданияты, искусствосу, спорту экономикасына жараша болот. Экономикабызды көтөрүп, ишкерлерди жеке менчик спорт клубдарды түзүп, ушундай эл аралык тажрыйба аркылуу спортту көтөрүү зарыл. Мамлекеттин деңгээлин көрүп атабыз, спортко, маданиятка канча каражат бөлүнүп атканын көрүп атабыз. Ошон үчүн ишкерлер жеке менчик спорт клубдар аркылуу өлкөсүн даңктап, көтөрүп атпайбы. Өнүккөн мамлекеттерде мамлекеттик колдоо да, менчик колдоо да болот. Мен да ошол жагына көбүрөк өтсөк деген ойдомун. Бизде жеке менчик спорт клубдар жагы жакшы каралбай эле, мамлекетти карап, мамлекеттен үмүт этип эле, каражатты ошол жактан күтүп атабыз. Өндүрүш, өнөр жайды, экономкабызды көтөрүп кетсек, бардык тармактар өнүгө баштайт эле. Ушул жагын айкалыштырган дене тарбия боюнча мыйзам каралып атат, ошондо да менчик спорт клубдары жагын караштырып атабыз, каржылаган тармактарды мыйзам катары бекитип алалы деген ой болуп атат. Учурда өлкөнүн Улуттук олимпиадалык комитетте башаламандык дагы тоскоол болуп жатат. Эл аралык деңгээлдеги мелдештерде байгеге ээ болчу таланттарыбыз толтура. Ошолорго жакшы шарт түзүлбөй, камкордукка алынбай келатканы өкүнүчтүү. Спорт күйөрмандарды, Кыргызстандын ар-намысын коргойм деген инсандарды чогултуп алып олимпиадалык комитеттин, жаңы түзүлгөн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Бектур Асанов да патриот жигит, биригип алып алдыга жылдырсак, азыркы мүмкүнчүлүктөр менен да бир топ чоң байгелерге ээ болчу иштерди жасасак болот. Кыргызстан спорт менен гана дүйнөгө таанылууга мүмкүнчүлүгү бар.

- “Дордой- Динамо” деген командаңыз футболдон жакында Москвада өтчү Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондордун кубогуна барат, анан Азиянын футбол конфедерациясынын чемпиондор кубогунда Кыргызстандын намысын коргойт?

- -Азыркы замандын шарттарын билиш керек. Шарттар ошондой болуп атат, азыр жеке менчик спорт клубдарды түзүшүбүз керек. Көкбөрү боюнча профессионалдык типте түзүп, “Дордой” көкбөрү командасы Кыргызстандын көп жолку чемпиону болуп жүрдү. Анан мына “Дордой- Динамо” футбол командасын канча жылдан бери көтөрүп, каржылап жүрөбүз. Ал дагы бир топ чоң каражаттарды талап кылат. Кыргызстанда менден бай ишкерлер, бизнесчилер арбын. Бирок алар өз арбайын согуп эле, өзүнүн “көмөчүнө күл тартып”, спорт, маданият тармагын колдоого албай жүрүшконү өкүндүрөт. Кабат- кабат мыкты үйлөрдү салып атышат, жакшынакай эң кымбат машинелерди минип жүрүшөт, банктары бар, алар өз арбайын эле согуп атышпайбы, эч кимге демөөрчү болбой... Жасап аткан ишкерлерди сынга алып, өзү жасабайт, бирөөгө да жасаттыргызбайт. Сүйлөсө асмандын башын айтып, чоңдорго жагынып көктө жүрүшөт. Арабызда кыргыз элинин ар- намысын ойлобой, өзүн гана ойлогон ошондойлорубуз бар, ошолордон айрылсак, биз дагы элбиз, биз да мамлекетибиз да. Мисалы, биздин футболго болгон мамилебизге карап, бүт мамлекет боюнча баа беришет. Жашообуздун, экономикабыздын деңгээли да дүйнөлүк футболдук рейтингибизге жараша аныкталат. Биздин өлкөнүн рейтинги 156- орун. Эми жаңырган 2006-жыл ак жолтой жыл болсо экен, кыргыз элин даңктаган эр азаматтардын жеңиштери арбын болсо деп тилейм.

-Рахмат.

МААЛЫМАТ РЕФОРМАСЫ, АРЗАН ҮЙ САНААСЫ

Жаңырган жылдын башында кыргыз басылмалары каникулга чыгып, окурман угарман журтун негизинен электрондук маалымдоо каражаттары кабардар кылып турушат. Биртоп кыргыз гезиттеринин электрондук версиясы бар. Мындан тышкары Gazeta.kg; Parohod.kg сындуу электрондук гезиттер чыгат, «Кабар», «Акипресс» маалымат агенттиктеринин сайты таралат.

Электрондук маалымдоо каражаттарынын ичинен кийинки жылдары оңбогондой чоң мейкинди ээлеген Интернет азырынча Кыргызстандын кыйла жерине жаңылык, жалпыга кенен-кесир жайыла элек. Ошондон «дүйнөлүк уюлдун» удулуна кошулган миң түркүн маалыматтын кыйласы Интернет ааламына кире албагандардын баам сыртында калууда.

«Gazeta.kg» электрондук басылмасы президент К.Бакиевдин өкмөттүк маалымдоо каражаттарын өз алдынчалыкка өткөрүү тууралуу жарлыгы журналисттер арасында аркыл пикирлерди жаратканын жазып чыкты. “Журналист” коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиевдин ырасташынча, эгер азыркы бийлик чындап эле стратегиялык маанилүү кызматты аткарып келаткан улуттук телекөрсөтүүнү коомдук телекөрсөтүүгө айлантууга кызыкдар болсо, Ош облустук “Ош – 3000” телекөрсөтүүсүн “ЭлТР” каналына өзгөртүп, экспериментти андан баштамак эмес. Гезиттин маалыматы боюнча, 24-марттагы бийлик алмашуусунан кийин коомдук телекөрсөтүү идеясы чоң талкууга алынып, Медиаөкүлчүлүк институтунун юристтери ал тууралуу атайын мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан. Жаңы мыйзам парламентте биринчи окууда кабыл алынган. Бирок да долбоордү түзүп чыккандардын айтымында, парламент коомдук телекөрсөтүү түзүү демилгесинин эки негизги таянычын жок кылып салды. Анын биринчиси - коомдук телеканалдын башкы жетекчисин президенттин өзү дайындап, кызматтан алуусу. Экинчиси, байкоочулар кеңеш курамын мамлекет башчысынын бекитүүсү. Долбоордун авторлору азыркы бийлик менен мунасага келип, телеканал жетекчисин байкоочулар кеңеши президентке сунуш кылышка деле макул. Кооптонткон маселе - президент жаңы мыйзам долбоору парламентте кабыл алынгандан кийин кол койбой коюшу мүмкүн. Себеп дегенде, мыйзам кабыл алынса президенттин коомдук “ЭлТР” телекөрсөтүүсүн түзүү, өкмөттүк гезиттерди акционердик коомдорго айлантуу жөнүндөгү жарлыгы күчүн жоготмок, деп белгилейт «Gazeta.kg» электрондук басылмасы.

«Parohod.kg» электрондук гезити эмдиги жыл бюджети боюнча парламенттик талкууда Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери менен консулдуктарынын иш натыйжасы болбой жатканы тууралуу маалымат жарыялады. Кыргызстандын чет жердеги элчиликтеринде иштегендердин орточо айлык маянасы 1,2 миң доллар акча экен. Бул башка өлкөлөрдө өтөле чоң пул болбогону менен Кыргызстан үчүн чоң акча. Түркмөнстандын президенти эмдигиче Кыргызстанда элчилигин ача элек, Ашкабаттагы кыргыз элчисин Түркмөнбашы бир да жолу кабыл ала элек. Андай жерде элчилик кармоонун кандай зарылдыгы бар, деп суроо коет “Parohod.kg” гезити.

Кыргызстанда болжол менен 166 миң адам турак-жай шартын жакшыртууга муктаж. Жылына 1,5 миллион чарчы метр көп кабаттуу үйлөр курулуп турчу социализм заманы өткөн. Ушу тапта курулуп аткан үйлөрдүн текши баары кымбат, аларды сатып алууга элдин баарынын эле чама-чаркы жетише бербейт, деп белгилейт “Кабар” маалымат агенттиги. Жалгыз айла – арзанбаа үйлөрдү куруш зарыл, үй алгысы келгендерге ипотекалык кредиттер бөлүү. Бирок да ипотекалык кредиттин үстөгү 13 – 22% түзөт. Аны айына 400 доллардан ашуун маяна алгандар гана төлөй алышат, деп белгилейт маалымат агенттиги. “Кабардын” ырасташынча, орточо айлык акы 60 доллардан бираз ашкан Кыргызстан шартында арзан деген үйгө жетүү деле кыйын ишке айланууда.

Кеп соңунда кыргыз басылмаларынын электрондук версиясын чыгаруу, эне тилибиздеги басылмалардын көбү жете элек кенен мүмкүнчүлүк тууралуу пикирин сурап “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору Бакыт Орунбековду кепке тарттык эле ошону чогуу угалы.

- Газетанын электрондук варианты, Интернет варианты болушу – бул заман талабы. Тилекке каршы, кыргыз тилдүү сайттардын орус, башка тилдердеги сайттардан артта калып жатканы өкүнүчтүү. Мына “Кыргыз туусунун” кызматкерлери “Азаттыктын” сайтын пайдаланабыз. “Кабардын” сайтын, “АкиПРЕССтин” сайтын, “Би-Би-Синин” сайтын такай пайдаланабыз.

АСКАР АКАЕВ : МЕНИН ЭСЕПСИЗ БАЙЛЫГЫМ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТАР ЖОМОК

Жаңы жыл алдында «Analitik.kg» интернет сайтына Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев интервьюсу жарыяланды. Анда Акаев илим тармагына биротоло кеткенин билдирди. Бирок, негизги көңүл Кыргызстандагы жагдайга бурулуп, жаңы бийликке антиакаевчил моралдык террорду токтотуу сунушталган.

Бул Аскар Акаевдин Москва университетинде окумуштуу катары ишке киришкенден кийин берген алгачкы интервьюсу. Анда экс-президент Кыргызстандагы бурулушка жол бергени үчүн өзүн күнөөлүү сезерин белгилеп, бирок, 24-мартта өлкөдөн чыгып кетүүсүнүн себебин айткан эмес. Ал эми Кыргызстанга кайтып келишине жаңы революциячылар бут тосуп жатышат деп эсептеген. Акаевдин көз карашында ал Конституцияда көрсөтүлгөн экс-президенттин кепилдиктеринен пайдаланууга укугу бар, ал эми Акаевдердин мүлкү жөнүндөгү маалыматтар аларды жаманатты кылуу жана менчикти кайра бөлүштүрүүдө элди алаксытуу үчүн жаңы бийлик ойлоп тапкан жомок.
Ушундай эле пикирди камтыган кайрылууну экс-президенттин жубайы Майрам Акаева декабрдын башында президент Курманбек Бакиевге жолдогон. Бирок, кайрылууну мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов 20-декабрда тараткан билдирүүсүндө кескин сынга алып, 15 жыл бийлик башында туруп, элди жардылыкка кириптер кылган Акаевдердин үй-бүлөсүнүн мекен, эл-жер жөнүндө оозанууга, экс-президенттик кепилдиктерди суроого укугу жок экендигин айтып чыккан:

- Мурдагы бийликти эске алсак, ал бийликти сөзсүз президенттин аялынын катышуусу менен элестейбиз. Себеби, коом жакшы билет, көп маселелерге ошо киши түздөн түз кийлигишкен. Түздөн-түз кээде өзүнүн буйруктарын да айтып келген. Чындап айтканда, өткөн бийликтин доорунда эл жөпжөнөкөй эле бир үй-бүлөнүн буйругу менен каалагандай калчалган эл болуп калган да.

Акаев интервьюда Дастан Сарыгуловдун жообун жаңы бийликтин чыныгы жүзү катары белгилеп,жөнөкөй цехтин башчысынан премьер-министрликке чейин көтөрүлгөн Бакиев өзү жооп берүүгө эрки жеткен эмес экен деп болжойт.

Президент Курманбек Бакиев болсо мурдагы бийликти сынга алган учурларда экс-президент Акаевге кескин доо койгон учурлар байкала элек. Муну байкоочулар ар кандай түкшүмөлдөп келишет.
Бакиев президент катары Кыргызстандын калкына жолдогон жаңы жылдык алгачкы куттуктоосунда мурдагы бийликти коррупциялашкан бийлик деп атады:

- Алар калың элдин үстүнөн күн көрүп, салык салып, элдин жакырчылыгынан жыйнаган байлыгына маарып, кызыкчылыгын сактап калууга далбастап, катуу аракеттерди жасады.

Азыркы бийликтин таламын талашкан саясатчылар да, жарандык коомдун өкүлдөрү да президенттин бул көз карашын колдошот. Март окуясынан кийин Акаев жана анын жакындары байлыгын сактап калуу үчүн дестабилдештирүүчү көп аракеттерди жасады деп, мунун туу чокусу катары 17-июнь окуясы аталып келет.

Аскар Акаев болсо интервьюсунда акаевдердин байлыгы жок экендигин дагы бир ирет белгилеп, Курманбек Бакиев менен Данияр Үсөнов түзгөн комиссиянын иши ойрон болуп, ал тескерисинче, улуттук экономикага доо кетти деген оюн айткан.
Анткен менен комиссиянын тыянагы боюнча учурда башкы прокуратура Акаевдерге байланыштуу 60тан ашык кылмыш ишин козгоп, териштирип жатат. Бул тууралуу башкы прокурор Камбараалы Конгантиев буларга токтолду:

- Бүгүнкү күнү үй-бүлөнүн тегерегинде 68дей иш козголгон. Анын 27си «Мээрим» фондуна байланыштуу тергелип атат. Алардын кыйла бөлүгү сотко кеткен.

Бул кылмыш иштердин башында экс-президенттин уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Айдар Акаевге байланышкан кылмыш иши турат. Кылмыш иши депутаттык кол тийбестик алынгандан кийин козголгон жана ал учурда издөөдө. Мындан тышкары революциячыл саясатчылар өлкөнү коррупцияга жана жакырчылыкка белчесинен батырган мамлекет башчы катары Аскар Акаев экс-президенттик кепилдиктерден ажыратылышы зарыл деп санашат. Алардын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун көз карашында Акаев аз дегенде өлкөнү кыйын учурда таштап кеткени үчүн эл алдында моралдык жактан жоопко тартылышы керек деген ойдо.

КӨЗДӨН УЧКАН ПАСПОРТ КОЛГО ТИЕ БАШТАДЫ

Жарандарды паспорт менен камсыз кылуу жаңы жылдан тарта аз-аздан жолго түшө баштады. Маалыматтык технологиялар жана улуттук ресурстар агенттигинин маалыматы боюнча, 13-декабрдан 1-январга чейин паспортко муктаж 2 500 ге жакын адам паспортко ээ болушту. Жаңы жылдан тарта бардык аймактарда паспорт алуу мүмкүнчүлүгү көбөймөкчү.

Учурда Кыргызстанда паспорту жок жарандардын расмий саны 370 миңге жакын. Байкоочулар буга эң ириде мурдагы бийлик тарабынан элди паспорт менен камсыздоо маселесинин коррупциялашып кеткени себеп деп айтышууда. 1994-жылы он жылдык мөөнөт менен чыгарылган сырты көк түстөгү паспорттор түгөнгөндүгүнөн улам жаңы жасалгадагы паспорт чыгаруу чечими мурдагы өкмөт тарабынан кабыл алынган. Паспортторду жасоо боюнча тендер 2004-жылдын жаз айында өтүп, аны Молдованын “Регистру” деп аталган фирмасы утуп алган. Мурдагы өкмөт болсо элди жаңы паспорт менен өткөн жылдын январь айынан тартып камсыз кылабыз деген убада берген.
Бирок ал сөз убада бойдон гана калды да, паспорт көйгөйү чечилбеген бойдон быйылкы жылдын январына чейин сүйрөлүп келди. Буга жаңы бийликтин «Регистру» компаниясы менен келишимди бузуп, кайрадан тендер жарыялоосу, аны утуп алган Түштүк Кореялык «Ventury Plaza C&C» компаниясы менен келишим түзүп, көп өтпөй андан айнып, кайрадан Молдовалык компаниянын жасаган паспортторун таанышы да негизги себеп болду.
Бул арада албетте, элдин паспортко болгон муктаждыгы да күчөп кетти. Учурда паспорт алуу курагы келип жеткен жарандардан сырткары мөөнөтү бүткөн же жоголуп кеткен паспортун жаңылоо үчүн кезекке тургандардын саны да көп. Мындан тышкары кыргыз жарандары үчүн паспорт Орусия, Казакстан сыяктуу чет өлкөлөргө чыгуу үчүн да зарыл болууда. Баткен облусунун тургуну Сайдилла Оморов эрезеге жеткен үч уулу паспорт жоктугунан улам, Орусияга кете албай отургандыгын айтты:

-Паспортуң болсо наның боло турган болуп калды. Анткени өзүбүздө иш жок болгондон кийин, Казакстанга, Орусияга иштегени барууга туура келип жатат. Бирок паспорт жоктугунан азыр менин балдарым эч жакка чыгалбай отуруп калышты.

Сайдилла Оморовдун сөзүн коштогон Гүлбара Сулайманова жаңы берилип жаткан паспортторду Орусиянын бажы кызматтары тааныбай жаткандыгын айтып, нааразы болду:

-Молдованын «Регистру» компаниясы чыгарган паспорттор эл аралык стандартка туура келбейт деп биздин бийлик өзү дүйнөгө жар салган. Ошонун кесепетинен Орусиянын чекраларында биздин кыз-жигиттердин паспортторун тааныбай, Орусияга киргизбей коюп, кайра кайтып келишүүдө.

Гүлбара Сулайманованын бул дооматын маалыматтык технологиялар жана улуттук ресурстар агенттигинин байланыш департаментинин жетекчисинин орун басары Марат Бекенов четке какты:

-Кыргызстандын паспорту эл аралык стандарттын талаптарына жооп берген, эл аралык уюмдун уруксатын алган толук кандуу документ болуп саналат.

Ал эми маалыматтык технологиялар жана улуттук ресурстар агенттигинин кызматкери Нургүл Артыкбаева бүгүнкү күндө республиканын бардык жеринде ички жана сыртка чыгууга мүмкүнчүлүк берүүчү паспорт каалоочулардын баарына берилип жаткандыгын маалымдады:
-Азыркы күндө бардык жерде каалагандардын баарына паспорт берилип жатат. Каалоочулардын баарына жетет, паспорт таңсыктыгы жоюлган. Ички паспорт 52 сомдун айланасында, сыртка чыгууга мүмкүнчүлүк берүүчү паспорт 300 сомдон ашуун турат.

Калкты паспорт менен камсыздоочу маалыматтык технологиялар жана улуттук ресурстар агенттигинин жетекчиси Амангелди Кенжетаевдин маалыматы боюнча, өткөн жылдын 13-декабарынан тарта 2004-жылкы үлгүдөгү паспорттор 2 500 ге жакын паспортко өтө муктаж адамдарга берилди. Мындан тышкары дагы 3000 кишиден арыз түшкөн. Амангелди мырзанын айтымында, учурда 100 миңден ашуун ички, 50 миңден ашуун чет жакка чыгууга керектелүүчү паспорттор бар.

КЫРГЫЗСТАН: ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА МОРАТОРИЙ УЗАРТЫЛДЫ

Мамлекет башчы Курманбек Бакиев 29-декабрда «Кыргыз Республикасында өлүм жазасын аткарууга мораторийдин мөөнөтүн узартуу тууралуу» жарлыкка кол койду. Мораторийдин мөөнөтү 2006-жылдын 1-январынан баштап өлүм жазасы мыйзамдуу жол менен толук алынып салынганга чейин узартылды.

Президент Жарлыгы менен Кыргызстандын өлүм жазасын алып салуу боюнча эл аралык пактыга кошулушуна, өлүм жазасын өмүр бою же узак убакытка эркинен ажыратуу менен алмаштырууга багытталган мыйзам долбоорлорун эки айлык мөөнөттө даярдоону өкмөткө тапшырды.

Жарлыкта ошондой эле Адилет министрлигине, Омбудсмен институтуна жана президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссияга жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочу уюмдар менен бирге жазага тартылгандардын укуктарын коргоо боюнча мониторинг жүргүзүү сунушталган. Жогорку Кенештин депутаттарынан жаза саясатын мындан ары гумандаштыруу жана өлүм жазасын алып салуу боюнча демилгелерди, иш чараларды колдоо жагы суралган.

Өлүм жазасына мораторий жыл сайын жарыяланып келген. Жыл сайын киргизилген мораторийге ылайык Кыргызстанда 1998-жылдан тартып өлүм жазасы аткарыла элек. Президент алдындагы Адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акундун айтымында эми президенттин жарлыгы менен өлүм жазасына мораторий ал биротоло алынып салынганга чейин узартылып, мурдагыдан да илгери кадам болуп отурат:

Бул Жарлыктын бир өзгөчөлүгү- мурда жыл сайын мораторий узартылып келген. Ал эми жаңы президенттин өлүм жазасы боюнча жаңы жарлыгы Конституцияда атайын мыйзам кабыл алынмайынча болот.Башкача айтканда, бул мораторий бир жылга эмес, ал атайын мыйзам кабыл алганга чейин болот.


Өлүм жазасын алып салуу жөнүндө жобо жарандык коомдун сунушу боюнча Конституциянын жаны редакциясынын долбооруна да киргизилген. Бирок, бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын пикиринде өлүм жазасын алып салууга мамлекет, жалпы коом даяр боло элек:

Бул маселеге коомчулукту даярдоо керек. Биз аны мурунтан эле даярдашыбыз керек эле. Мораторий боюнча азыр шарт түзүлгөн эмес. Өлүм жазасына тартылгандарды кармоого эч кандай шарт да, мүмкүнчүлүк да жок. Мындай жагдай аткаруу жана башкаруу системасынын бир нукта иштебегендигинен келип чыкты.

Токтайым Үмөталиева Кыргызстан өлүм жазасын алып салуу боюнча бир катар эл аралык документтерге кол коюп, анда белгиленген милдеттенмелерин аткарышы керек деген пикирин кошумчалады.

Ошол эле учурда өлүм жазасын алып салуу азыркы учурда Кыргызстан үчүн орчундуу маселе эмес деген
ой-пикирлер ирдүү саясатчылар тарабынан да айтылууда.
- Биздин өлкөдөгү эң чордону, маанилүүсү бул эмес да, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов.- Андан да чоң маселелер бар да. Бизде башка маселелелерибиз түгөнүп калгансып жарым жылдан бери өлүм жазасынын тегерегиндеги ызуу-чуу ирээнжитет. Эл аралык келишимди аткарат элек деп өлүм жазасынын тегерегинде ызы-чуу эле кылып жатабыз. Ошол эле эл аралык келишимдерде башка беренелер бар биз көптөн бери аткарбай келе жаткан.

Кубатбек Байболов бүгүнкү күндө өлүм жазасын алып салууга Кыргызстан даяр эмес деп эсептейт: Менин оюмча, азыркы тапта биз өлүм жазасын алып салууга даяр эмеспиз. Себеби, эгер өлүм жазасын алып сала турган болсок, аларды өмүр бою кармай турган абактар болушу керек. Ал эмес жөнөкөй кылмышкерлерди кармаганга орун жок болуп жатат. Мыйзамда жазылган нерсени Жарлык менен өзгөртүп коюш бул туура эмес.

Өлүм жазасын жокко чыгаруу демилгесин акыйкатчынын өкүлдөрү толук колдоп чыгышканын билдиришүүдө.
Акыйкатчы институту бул маселени толук колдойт,- деп билдирди акыйкатчынын орун басары Садык Шер-Нияз.- Анткени өлтүргөн адамды өлүм жазасына тартылсын деп чечим чыгарсак. Анда биз ошол адамдан эч айырмабыз жок болуп калат да. Мына азыр Бишкекте 134 киши, Ошто 37 киши, Караколдо 1 адам өлүмгө өкүм кылынгандар абакта отурушат. Алардын абалы өтө оор.

АКАЕВ ЖАНА АНЫН КОМАНДАСЫНЫН КЫЯНАТ ИШТЕРИ КАЧАН АЛАРДЫН МОЙНУНА КОЮЛАТ?

Азиза Турдуева, Бишкек Экс-президент Аскар Акаевге жана ага жакын адамдарга тиешелүү мүлктү текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин негизинде козголгон кылмыш иштерин башкы прокуратура аягына чейин чыгарууну көздөөдө. Учурда Кыргызстандын тиешелүү органдары тарабынан Адил Тойгонбаевди, Айдар Акаевди, Кемелбек Нанаевди жана Эсеп Топоевди издөө иштери Орусия менен Казакстандын аймагында жүргүзүлүүдө.

Экс-президент Аскар Акаевге жана ага жакын адамдарга тиешелүү мүлктү текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча жалпысынан 68 кылмыш иши ачылган. Башкы прокуратурадан алынган маалымат боюнча бүгүнкү күндө бир катар министрликтер менен ири ишканалардын үстүнөн да кылмыш иштери ачылып, текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Ал эми мамлекеттик комиссиянын текшерүүлөрүнүн негизинде козголгон кылмыш иштерде жалпысынан мамлекетке 400 млн сом жана 20 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү зыян келтирилген. Козголгон кылмыш иштердин 27си Майрам Акаева жетектеген «Мээрим» фондусуна байланыштуу. Бүгүнкү күндө «Мээрим» фондуна мыйзамсыз өткөрүлүп берилген имараттардын баары мамлекеттин карамагына кайтарылып алынды.

Башкы прокуратурадан алынган маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө 35 адамга карата козголгон 36 кылмыш иши соттун кароосунда турат . Ал эми сотто 11 кылмыш иши каралды. Алар боюнча 10 адамга айыптоо өкүмү чыгарылды.
Калган кылмыш иштер боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бир топ кылмыш иштеринин убактылуу токтотулуп тургандыгы айыпкерлерге издөө салынгандыгына, алар боюнча тийиштүү ревизиялык иштер, соттук экспертизалар жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу болуп жатат.

Комиссиянын ишинин негизинде ачылган кылмыш иштер аягына чыгарылаары тууралуу Башкы прокуратуранын коррупцияга жана мыйзамсыз табылган каражаттарды адалдоого каршы иш алып баруучу башкармалыгынын жетекчиси Абдыганы Шерипбаев да баса белгилейт:

Комиссиянын ишинин негизинде биз кылмыш иштерин ачып, айрымдарын сотко өткөрдүк, айрымдары боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Биз алар боюнча иштерди аягына чейин чыгарабыз. Иш мындан ары да улантылат, эгерде жаңы материалдар болсо, жаңыы кылмыш иштери да козголушу мүмкүн .

Ал эми өткөн аптада Москвадан кармалган Кыргызстандын Жаза аткаруу башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Владимир Носов менен Маалыматтык технологиялар боюнча улуттук агенттигинин мурдагы директору Юрий Лысогоров Кыргызстанга өткөрүлүп берилеби же жокпу – азырынча белгисиз. Анткени, алар буга чейин жеңилдетилген жол менен Орусиянын атуулдугун алууга үлгүрүшкөн. Кыргызстандын башкы прокуратурасы Минск конвенциясына ылайык бир ай мөөнөттүн ичинде Россиянын башкы прокуратурасына кармалган адамдарды өткөрүп берүү жөнүндөгү өтүнүчүн жолдойт.

Март ыңкылабынан кийин Кыргызстандын башкы прокуратурасы Носов менен Лысогоровго кызмат орундарын кыянаттык менен пайдаланган жана Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы келген келишимдерге кол койгон деген кинелер менен кылмыш иштерин козгогон.

Минск келишимине ылайык учурда издөө салынган Адиль Тойгонбаев да Казакстандын атуулу болгондуктан, Кыргызстанга өткөрүлүп берилбеши ыктымал дейт баш прокурор Камбаралы Конгантиев:

Адиль Тойгонбаев казак атуулу. Казакстандын укук коргоо органдары менен аны өткөруп алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзуп жатабыз. Буга чейин да сүйлөшкөнбүз. Алар бизге өздөрүнүн атуулун өткөрүп бере албайбыз деп айтышкан .

Баш прокурор ошону менен бирге Эсен Топоевди, Кемелбек Нанаевди, Айдар Акаевди да издөө иштери жүрүп жатканын да белгилеген.
Бирок, коргоо министри Исмаил Исаковдун пикиринде, Эсен Топоевди Кыргызстандан качып кетти деп айтуу негизсиз:

Эсен Топоев качып кеткен жок. Ал биздин министрликтен мыйзамдуу жолдор менен эле пенсияга чыкты. Биз ага кол койдук. Эми анын өз иши - кайсы жакта жашайт, кайсы өлкөгө кетет. Ошондуктан, ал качып кетти деген маалыматтар негизсиз деп эсептейм .

Март ыңкылабынан кийин экс-президент Аскар Акаевге жана ага жакын адамдарга тиешелүү мүлктөрдү аныктоо боюнча комиссиясы түзүлгөн. «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев прокуратура, сот органдары чабал иштеп жатат деген пикирде:

Комиссиянын иши ыкчамдуу жүргүзүлүшү керек эле. Комиссия тарабынан деле, сот, прокуратура органдары тарабынан деле Акаевдин мезгилинде иштеген, ичип-жеген чиновниктердин мыйзамсыз жолдор менен топтогон мүлкүн текшерүү иштери натыйжалуу жүргүзүлбөй жатат. Алар мурдагыдай эле кенен-кесир жүрүшөт. Айрымдары качып кетти, айрымдары бул жерде эле ээн-эркин жүрөт. Аларды жоопко тартуу иштерине чечкиндүүлүк жетишпей жатат. Ошондуктан, бул ишке карата элде чоң нааразылыктар бар .

Ал эми коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов мамлекеттик комиссия өзүнүн миссиясын аткарды деген көз карашта:


Комиссия өз ишин аткарды. Ал саясий чечим кабыл алып, саясий баасын берди. Комиссиянын ишинин жыйынытыгы боюнча укук, тартип коргоо органдары азыр иш жүргузүп жатат .


Башкы прокуратурадан алынган маалымат боюнча бүгүнкү күндө соңку жылдары коррупциялык иштер орун алган бир катар министрликтер менен ири ишканаларга карата да кылмыш иштер козголуп, алар текшерилүүдө.

БАЛДАР ҮЙЛӨРҮ МАМЛЕКЕТТИК КОЛДООГО МУКТАЖ

Аманбек Жапаров,Бишкек Ушул жылы президенттик билим берүү “Жеткинчек” программасынын алкагында мамлекеттик жана үйбүлөлүк балдар үйлөрүнө ар тараптуу жардам берүү маселеси көтөрүлүүдө. Кыргызстандын аймагындагы 10 ашуун балдар үйлөрү учурда оңдоп-түзөөгө, турмуш-тиричилик техникаларга, окуу куралдарга муктаж. Мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн арзыбаган каражат балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын тамак-аш менен толук камсыз кылууга жетпейт.

Мамлекет карамагындагы балдар үйлөрүндө 3 миңге чукул жетим жана кароосуз балдар тарбияланышуда. Өлкөбүз эгемендүүлүк алганы балдар үйлөрү да экономикалык оор кризистин салдарын тартышты. Айрым жерлерде үйбүлөлүк балдар үйлөрү түзүлүп, жетим жана кароосуз калган балдарды канатына калкалап, кайрымдуулук кылышкан ата-энелер да болду. Ушул жылы мамлекет тарабынан президенттик билим берүү «Жеткинчек» программасынын алкагында жетим жана кароосуз калган балдар үйлөрүнө каржылык, материалдык жардам көрсөтүлүшү күтүлүүдө.
Жалалабад облусунун Сузак районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы балдар үйү Кыргызстанда биринчилерден түзүлгөн экен. Аталган балдар үйүнүн директору Бегайым Маматованын пкиринде учурда балдар үйлөрүнө өкмөт тарабынан каржы аз бөлүнүүдө:

-Жоомарт Бөкөнбаев атындагы балдар үйү Кыргызстанда биринчи уюшулган. 1922-жылы Октябрь революциясы маалында басмачылардын колунан набыт кеткен ата-энелердин балдарына ачылган экен. Андан кийин Улуу Ата мекендик согуш маалында Украина,Беларусия,Орусиядан балдар алынып келинип, орусча тарбия берилүүчү. Азыркы мезгилде 105 бала тарбияланат. Көпчүлүгү томолой жетим жана жарым жетим. 30 пайызга жакыны ата энесинин укугунан ажыратылган балдар. Биздеги негизги проблема ремонт маселеси. Тамак-ашка мамлекеттен акча каражаты аз каралып жатат. Экинчиден окууну бүткөн балдарды окууга жана жумушка орноштуруу кыйынчылыктарды түзүүдө.

Бегайм Маматова белгилегендей, балдар үйү жергиликтүү бийликтен жер бөлдүрүп алып дыйканчылык багытында жеке чарбачылык кылып, азык-түлүк продуктуларын өндүрүшүп, балдарды да эмгекке тарбиялоодо. Бирок айыл-чарба техникасынын жоктугунан, күйүүчү майдын кымбаттыгынан жеке чарбадан түшкөн киреше чеке жылытпайт. Маматованын айтымында, балдар үйлөрү мамлекеттик колдоого муктаж.

Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары зээндүү, ар бир ишке жөндөмдүү келишет. Алардын турмуштан ордун таап кетүүсү үчүн кесиптик билим берүүнү өркүндөтүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар болгону менен чакан устакана, ишканаларды ачууга мүмкүнчүлүк жок,- дейт Ысыккөл облусунун Аксуу районундагы Балдар үйүнүн директору Жеңишкүл Ниязова/ - -Балдар үйлөрүнөн тарбияланып чыккандан кийин, биз алардын турмуштан өз жолдорун таап кетүүсү үчүн аракет кылып жатабыз. Мисалы кыздарды кийим тигүү, төшөнчү, шырдак жасоого тарбиялайбыз. Ал эми балдарды темир устачылыкка, жыгач буюмдарын жасоого үйрөтөбүз. Бирок чакан ишкана ачууга столярдык жана башка жабдыктар керек. Бизде аны сатып алууга каражатыбыз жок. Аларды кесиптик билим менен толук кандуу үйрөтүүгө чамабыз-чак.
Жүздөн ашуун тарбялануучуларды тарбиялаган Ысыккөл облусундагы Аксуу районундагы Балдар үйүнүн директору Жеңишкүл Ниязова балдарга тарбиялоочулар канчалык мээримин төгүп, өз балдарындай мамиле кылса дагы, алар бары бир ата-эненин мээримине, камкордугуна муктаж болуп
турушат, дейт. Анын айтымында, жетим жана кароосуз калган балдарды тагдырдын өгөй балдарындай кылбай коомчулуктун да көңүл буруусу зарыл.

КАЧКЫНДАРДЫН ТАГДЫРЫНА К АБАТЫРЛАНУУ КҮЧӨДҮ

Азиза Турдуева, Бишкек Ошто убактылуу тергөө абагында отурган беш өзбек качкынынын тагдырына кыргызстандык укук коргоочулар тынчсызданууда. Алар Кыргызстанда качкындарга байланыштуу эл аралык милдеттенмелердин аткарылышын талап кылып жатышат. Төрт өзбек бозгунуна макам берүү өтүнүчү буга чейин Тышкы иштер министрлигинин алдында болгон Миграция департаменти тарабынан четке кагылган. Ал эми бешинчи бозгундун качкын макамын алуу боюнча арызы боюнча чечим кабыл алына элек.

Учурда Оштогу убактылуу кармоочу жайда өткөн жылдын май айындагы Анжиян окуяларына байланыштуу Кыргызстанга ооп келген качкындардын ичинен буга чейин айтылып келгендей, төрт качкын эмес, бешөө жатат. Бул тууралуу 2-январда «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова «Азаттыкка» билдирди:

Биз, Кыргызстандагы укук коргоочулар Оштогу СИЗОдо отурган ошол төрт качкындын тагдырын, ошондой эле ал жердеги бешинчи качкындын да тагдырына көзөмөл салып жатабыз. Ошол бешинчи өзбек атуулунун качкын статусун алуу боюнча арызы тиешелүү органдарда каралууда. Бирок, бизге азыр ошол качкындар боюнча Ош, Жалалабаттын прокуратура, сот органдары тарабынан ар кандай маалыматтар келип жатат. Биз президент К. Бакиев белгилегендей, Кыргызстан аларды Өзбекстанга кайтарып бербейт деген ишеничте турабыз .

«Адилет» укук коргоо уюмунун жетекчиси Чолпон Жакыпова качкындардын тагдырын акыры сот чечиши керек деп эсептейт:

Биз да бешинчи өзбек бозгуну сизодо отургандыгын билебиз. Азырынча Миграциялык кызмат ага качкын макамын берүү өтүнүчүнө карата арызы боюнча чечимин чыгара элек. Бирок, кандай болгон учурда да, биз аларды кайрадан Өзбекстанга өткөрүп бере албайбыз. Анткени, аларга Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча башкармалыгы тарабынан мандаттуу качкын макамы берилген. Эгерде алар өзбек бийлигине өткөрүлүп берилсе, Кыргызстан мындай кадамы менен качкындарга байланыштуу өзүнө алынган эл аралык милдеттенмелерди бузган болот. Ал эми мыйзамдарга ылайык, акыркы чечимди сот чыгарышы керек , -дейт Чолпон Жакупова.

Буга чейин өлкөнүн баш прокурору Камбаралы Конгантиев өзбек качкындарына байланыштуу маселе мыйзам чегинде чечилээрин белгилеген:

Ошол Өзбекстандын түрмөсүнөн кылмышкерлер качып чыккан. Бүгүнкү күндө биздин укук коргоочулар бир топ мыйзамсыз талаптарды коюп жатышат. Биз деген Конституция жана мыйзамдарга ылайык иш алып барышыбыз керек , - деп айткан Камбаралы Конгантиев.

Ал эми укук коргоо жана бейөкмөт уюмдар болсо, мындан ары да өзбек качкындарга байланыштуу маселенин, деги эле Кыргызстан тарабынан качкындар статусу жөнүндөгү 1951-жылкы Конвенциядагы жана 1967-жылдагы Протоколдогу эл аралык нормалардын сакталышын талап кыла бермекчи.

Кыргызстан качкындарга байланыштуу өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин сакташы керек. Эгерде биз качкындарды Өзбекстанга өткөрө турган болсок, анда Кыргызстандын жаңы өкмөтү бир органдын жасаган туура эмес иштеринен демократиялык, адамдарга жакшылык алып келе турган өкмөт катары өзүнүн аброюн түшүрүп алышы мүмкүн. Биз, укук коргоочулар, биздин өкмөт андай кадамга барбайт деп ишенебиз,- деди Төлөйкан Исмаилова.

Төлөйкан Исмаилованын айтымында, жакында ал жетектеген уюмдун өкүлдөрү Ош шаарына барып, ал жерде сизодо отурган беш качкын менен жолугушат. Ал эми айрым маалыматтар боюнча Анжиян окуяларынан кийин Ошко баш калкаалап келген өзбек атуулдарынын саны көп. Укук коргоо уюму аларды тактоо боюнча да иликтөө иштерин жүргүзмөкчү.

Өткөн жылдын 26-июлунда Миграция департаменти Өзбекстандагы Анжиян окуяларына байланыштуу Кыргызстанга баш калкаалап келген бозгундардын ичинен төртөөнүн аларга качкын макамын берүү боюнча арызын четке каккан. Миграция департаментинин мындай чечимине карата «Адилет» укук коргоо уюму Бишкек район аралык сотуна кайрылган. Аталган сот өзүнүн ошол эле жылдын 18-августундагы жана 8-сентябрындагы чечимдери менен эки өзбек бозгунуна Миграция департаменти качкын макамын берүүдөн мыйзамсыз турдө баш тарткандыгы жөнүндөгү чечимдерин чыгарган. Бирок, бул сот чечимдерин Бишкек шаардык сот жокко чыгаргандыгы үчүн «Адилет» укук коргоо уюму апелляциялык арызын өткөн аптада Жогорку сотко жолдоду. Аталган уюмдун дагы эки качкынга байланыштуу арызы азырынча Бишкек район аралык сотунда карала элек. Мындай жагдай өкмөттүк структурадагы айрым өзгөрүүлөргө байланыштуу болуп жатат. Ал эми өлкөдөгү укук коргоо уюмдары болсо өлкөдө качкындарга байланыштуу эл аралык мыйзамдарга ылайык саясаттын жүргүзүлүшүн үзгүлтүккө учуратып жактандыгын кескин сынга алышууда.

БОЛО ТУРГАН РЕФЕРЕНДУМ ЭЛДИН БАГЫНАБЫ ЖЕ ШОРУНАБЫ?

Чолпон Орозобекова , Бишкек Президент Курманбек Бакиев конституциялык кеңешменин соңку жыйынында референдум өткөрүү идеясына ынанган. 24-декабрда өткөн алтынчы элдик курултай ушул жылдын февраль айында референдум өткөрүү тууралуу чечим кабыл алган. Өлкөдөгү саясий күчтөрдүн бир тобу референдум акимчилик кысымдын күүсү менен өтүп, реалдуу чечим чыкпай калышы ыктымал деген кооптонууларын билдиришүүдө.

24-марттагы ыңкылаптан кийин башталган конституциялык реформа туңгуюкка кептелип, андан чыгуунун жолун референдумдан көрүшөт байкоочулар. 24-декабрда өткөн элдик курултай 28-февралда референдум өтүшү керек деген чечим кабыл алган. Курултайды уюштуруучулардын бири, парламент депутаты Азимбек Бекназаровдун пикиринде, президент Курманбек Бакиевдин катачылыгы – Кыргызстан кандай формада үй кураарын айта албагандыгында. Депутаттын пикиринде, элге кайсы мамлекеттик башкаруу керектигин элдин өзүнөн сураш керек.
Мамлекет башчы да буга макул экендигин конституциялык кеңешменин соңку жыйынында билдирген. Бирок, президент бул өзүнчө кампанияга айланып, элге кайсы бир ойду таңуулоого айланбашы керек деп эсептейт. “Мындайга мен бара албайм, андай референдумдун бизге кереги жок” деди Бакиев. Акыр быйыл Кыргызстанда референдум болоор же болбосу так эмес, бирок мамлекет башчы убада берип койду. Демек, ушул жазда референдум болушу толук мүмкүн дешет байкоочулар. Юстиция министри Марат Кайыпов конституциялык реформаны алдыга жылдырыш үчүн референдумду өткөрүш керек деп эсептейт. Министрдин пикиринде, референдум эрте жазда өткөнү оң.
Конституциялык кеңешме баш аягы 7 айдан ашык иштеди. Конституциянын 9 долбоору пайда болуп, мамлекеттик башкаруунун формасы боюнча талаш кызыды. Конституциялык кеңешменин 300гө чукул мүчөсүнүн ортосунда пикир келишпестик күчөгөн сайын президент Курманбек Бакиев ичинен кымылдап сүйүнүп атты дешет айрым байкоочулар. Атын атагысы келбеген депутат “убакыт өткөн сайын президент Конституцияны өзгөртүү оюнан кайта баштады” дейт. Депутаттын пикиринде, мамлекет башчынын чукул конституциялык реформага көңүлү жок болгондон кийин жок дегенде бул референдум аркылуу мамлекеттик башкаруунун формасын аныктап койуу керек.
Декабрь айында президент парламент депутаттары, журналисттер менен жолугушканда бул реформаны 2009- жылга чейин койо туруу керек деген оюн билдирген. Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин пикиринде, элдин пикирин билүү кулакка жагымдуу сунуш болгону менен бул жерде саясий көз бойомочулук бар дейт:

- Бул деген тамакты кашык менен жейлиби же кол мененби дегендикке жатат. Азыркы бийлик мамлекеттик башкаруунун өзүн оңдогонго аракет жасагандын ордуна элди алаксытып атат. Элге деген парламенттик башкарууда жакыр жашап атабы, же президенттик башкарууда жакыр жашап атабы баары бир да,- дейт Токтогул Какчекеев.

Кыргызстанда соңку 10 жылда төрт референдум өттү. Кезектеги референдумда деле эл түшүнбөгөн маселеге дүңүнөн добуш берет деп чочулагандар бар. “Менин өлкөм” партиясынын лидери Жоомарт Оторбаев бул маселени парламент аркылуу чечкен оң деп эсептейт:

- Административдик ресурс пайдаланылып, 95 пайыз менен өткөн рефререндумдун кереги жок. Анын үстүнө эл арасында түшүндүрүү иштери жетиштүү деңгээлде болоорун кудай билет,- дейт Жоомарт Оторбаев.

Демилгечилер бул референдумга кол тийбестик жана сот реформасын да кошо коюу керектигин айтышат. Бирок Аскар Акаевдин тушундагыдай үч суроого бир жооп айт деп элди кыйнаган, административдик ресурстун күчү менен элдин 95 пайызын макул кылган референдум болбосо экен деген кооптонуу жок эмес.

ОШТОГУ ЖАРДЫРУУ, ДЕМОКРАТТАРДЫН КУРУЛТАЙЫ, ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

Жыл жыйынтыгы жана жаңырган жылга божомолдор Жаңы жыл алдында басылмалардын негизги темасы болду.

Жаңы жыл алдында жарык көргөн “Алас” гезити “кыргыз өкмөтү жаратылыш газы үчүн бааны 57тыйынга көтөрүп, өз калкына жаңы жылдык “жакшы белек” тартуулады” деп жазды. Муну алар өзбек өнөктөштөрү дүйнөлүк баанын өскөнүнө байланыштуу газдын наркын 31 пайызга көтөрүп койгонун шылтоодо. Кыргызстан 2006- жылы 43 млн. 250 миң долларга 750 млн. куб жаратылыш газын жагат” деп маалымдады. Ошондой эле ушул”Алас” гезити экс- президент Аскар Акаев кыргызстандыктарды алыскы Москвадан жаңы жылдык куттуктоосун, эски “политүйбүлөнүн” жаңы гезити аталган “Белый пароход” жана электрондук сайт аркылуу жибергенин кабарлайт. “ Кыргыз Улуттук университетинин проректорлору Искендер Исамүдүнов менен Бектурсун Байсабаев иштен алынды эле, Ленин райондук соту мыйзамсыз деп, кайра орундарында отурсун деген чечим чыгарды. Баарынан да Исамидиновдун ордуна ректор И.Болжурова эски тааныштык кылып Акаевдин кудасын кое салды эле, эми эмне болот? КУУда революция бүтөлек.” деп жазат “Алас” гезити.
Эмдигиче Жогорку кеңештин талкуусунан өтүп, жыл жаңырса дагы бекилбей жаткан бюджет тууралуу экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев өз пикирин “Алас” гезити аркылуу мындайча билдирген: “ Бюджет мурда деле жаңы жылга чейин бекичү эмес. Бекисе деле кимди жыргатып келди эле. Ошол үйрөнгөн адат кайталанып жатат. Бюджет кирешесин көбөйтүү же көбөйтпөө деген талаш-тартыш экономикалык саясат эмес, жооруган популизм. Талаш ээлери кирешелерди азайтуу же көбөйтүү маселесин экономикалык программага таяп, кайсы экономикалык проблеманын негизинде чечкиси келгендигин унутуп коюшту.
Ал турсун салык саясатын кантип жүргүзүү керектигин үйрөткөн "Салык консультанттарынын палатасы" аталган бизнес ишканасы пайда болду. Алар финансы министрлигинин салык боюнча (программа деп айтыш кыйын, анча-мынча өзгөртүүлөр жана толуктоолор десе болот) киргизген сунуштарын четке кагууга аракет кылып жатканы белгилүү. Кимдин пайдасына экендигин бизнес ишкананын аты эле айтып турат: албетте, көмүскө экономика менен өз чөнтөгүнүн пайдасына.
Бюджет менен салык саясатынын чабалдыгынын дагы бир себеби, өлкөдө бирден бир кирешелүү салык инспекциясы менен бажы инспекциясы финансы министрлигине эмес, формалдуу өкмөткө, иш жүзүндө президентке баш ийгенинде. Финансы министрлиги бирдиктүү финансы саясатын жүргүзүш үчүн бул тармактардын башын бириктирип башкаруусу зарыл болучу. Азыркыдай экономикалык жана финансылык "ботко" саясат да ошондон келип чыкты” деген экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев.
Жогорку кеңештин депутаты болуп кайрадан шайланган Азимбек Бекназаров: "Жылдын кандай болору 24-мартта билинет.Жаңы жылдан биз чоң-чоң нерселерди үмүт кылуудабыз. Буюрса, жыл башында референдумга бара турган болуп турабыз. Бизде 65 партия бар эмеспи, ушу 65 партия 3 блокко бөлүнөбүз. Алардын бири президенттик башкарууну, экинчиси парламенттик республиканы, үчүнчүсү президенттик-парламенттик системаны колдоп чыгат. Ошондуктан биздин алдыбызда иш чачтан көп»,- дейт.

Ушул “Алас” гезити "Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлык" комиссиянын үч жолку талкуусунан кийин Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин "Арабадагы ыр" жыйнактарына жана Тургунбек Бекболотовдун "Муздак тамчылар" ыр жыйнагына ыйгарылганын, 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык, таза алтындан жасалган лауреаттык медаль күбөлүгү менен тапшырылаарын маалымдады.

Жаңы жыл алдындагы «Агым» гезитинде журналист Жеңишбек Эдигеевдин Жогорку кеңештин депутаты, маркум Баяман Эркинбаевди эскерүүсүнүн уландысы жарык көрдү.
"Мени спорт көтөрдү" дегенинин дагы бир жөнү - ушул далысы жерге тийбей жүрүп атагы чыгып, алыс-жакындан, көп өлкөлөрдөн дос күтөт. Анан "Алыш" күрөшүн жаратат. Баямандын артынан калган өлбөй турган чоң жарыгы, опол тоодой эмгеги, бийиктиги мына ушул - "Алыш". Дүйнөнүн 70тен ашык өлкөсүндө белине белбоо байлап күрөшкөн күрөш түрү бар экен. Баяман бутуна туруп, спорттон баш көтөргөнү "кыргыз күрөшүн чыгарыш керек" деп оозунан түшүрбөй тилек кылат. Ошентип алгач өзбектер менен тажиктерге, казактарга барышат, "Алышка" биригели дешет, биз көтөрөбүз, каржылайбыз дешет, анан түркмөндөргө, анан Иранга, Индияга, Орусияга, айтор, ар биринин белбоо күрөш федерациялары менен тил табышып, көндүрүп, соодалашып чыгуунун өзү эмне деген эмгек. Акыры 38 өлкө "Алышка" биригет. Бүгүн ак, сары, кара элдин баары кыргызча "алыш" "токто", "чала", "эскертүү" ж.б. деп кыргызча айтып, эреже менен күрөш өткөрүшөт. Ошондон бери алыш боюнча 12 жолу Азиялык жана 3 жолу дүйнөлүк чемпионаттары өттү” деп эскерет Жеңишбек Эдигеев.

Жаңы жыл алдындагы “Бишкек таймс” жумалыгы генпрокурор Камбаралы Конгантиев "Кабар" агенттигинде пресс-конференция өткөрүп, Аскар Акаевдин уулу - Айдар Акаевди кармашып койгула деп орусиялык кесиптештерден суранып атканын маалымдады.
”Генпрокурор экс-премьер Николай Танаев менен Улуттук банк төрагасы Улан Сарбановдун үстүнөн козголгон иш бүтөлектигин, айылчарбасынын экс-министри Александр Костюкка кылмыш айыбы тагылып, изилдене баштаганын да элге угуза кетти.
Пресс-конференцияда экс-генпрокурор Азимбек Бекназаровдун аты бусаам да баса айтылды. "Генпрокуратура көрүнгөн киши менен эмес, мамлекет менен гана келишим түзө турган орган" деди Конгантиев. Ага карабай Бекназаров көчөдө жүргөн юрист Либерман менен келишим түзүп, Данияр Үсөновдун кызылдай 500 миң долларына доолдай тиктиргенин сынга алды азыркы генпрокурор.» деп жазды кабарчы Акжол Кадыров.

Ушул «Бишкек таймс» гезитинин маалымдаганына караганда, Кыргызстанга таанымал бизнесмен Борис Воробьев экс-президент Аскар Акаевди 10 эпизод боюнча сотко берип жатат. Ал 1999-жылдан баштап негизсиз камалган, 5 ирет издөө жарыяланып, анын үстүнөн 32 кылмыш иши козголгон. Бирок бирөө дагы далил тапкан эмес. Ошол эле учурда бизнеси, кыймылсыз, кыймылдагы мүлкү тартылып алынган. Анын бири азыр маркум Ж.Сурабалдиевдин үйбүлөсү ээлик кылган "Азамат" автобазары.
Ошентип азыр Германияда жашаган Борис Воробьев эски бийлик учурунда тарттырып жиберген мүлктөрүн кайтарып алуу ниетин билдирген.



30- декабрдагы “Кутбилим” гезити өтүп бараткан 2005-жылдагы окуяларга сереп салып, келаткан жылга мүнөздөмө беришти.
Жогорку Кеңештин депутаты Бектемир Мурзубраимов:
“Жалпы мамлекет үчүн революция жылы болду. Адамдардын аң-сезиминде эч бир ойлонбогон, күтүлбөгөн бир топ өзгөрүүлөр болду. Мурдагы болгон кемчиликтерди эске алып, эл менен эсептешип, элден чыкпай, бөлүнбөй, алардын таланттарын, проблемаларын, кыйналгандарын эске алып иштөө өтө зарыл экени айгине болду. Пенсия жашы боюнча эркектер 60, аялдар 55 жаштан чыксын деген мыйзам кабыл алынган, Президент кол койгон, кайра ЖК үчтөн эки добуш менен ушунун аткарылышына жетише албадык. Бул каражаттын оордугуна байланыштуу, буюрса эмдиги жылдан баштап ишке ашырабыз. Дагы бир нерсе кедейчилик, жакырчылыкты азайтуу боюнча конкреттүү өзүмдүн салымымды кошо албадым.
Кыргызстандын алтын казынасы болгон Улуттук китепканага жардам берүүнү көздөп жатабыз. Биз улуттук китепканага барып өз көзүбүз менен көрүп, таанышып келдик. Тээтиги октябрь революциясына чейинки китептерден бери бар экен. 6 млн. ашык китептер сакталып келатат.
Кыскасы, улуттук наам берилгени менен улуттук мамиле жасалбай жатыптыр.
2006-жылы конкреттүү жардам берүү. Дагы бир маселе гендер маселеси. Аял, эркек теңчилиги болсо. Айрыкча бул маселе аялдарга көбүрөөк жакын. Гендер боюнча аялдарды бийликке орноштуруу боюнча атайын мыйзам бар. Эске алынбай келатат. Аялдарды бийлик бутактарына көбүрөөк тартуу боюнча жаңы мыйзам иштеп, сунуш кылдык, тегерек стол өткөрдүк, ушуну аягына чыгарабыз. Анткени, эне деген өзү таза болот. Ошондуктан аялдар канчалык көбүрөөк бийликке тартылса, ошончолук тазалык, мээримдүүлүк жашайт» деген пикирин билдирген Жогорку Кеңештин депутаты Бектемир Мурзубраимов.

ЖЫЛДЫН БАШКЫ ЖЕТИШКЕНДИГИ – ТЫНЧТЫК САКТАЛЫП ТУРГАНЫ

Азиза Турдуева, Бишкек. «Азаттык» сурамжылаган адамдар негизинен 2005-жыл алар үчүн жакшы жыл болгондугун, мамлекет үчүн чон маанидеги саясий окуяларга жык толгон өзгөчө жыл болгонун айтышты. Окуялардын чордонунда кайнаган саясатчылар өлкөдө бийлик алмашып, революция болгонуна карабай тынчтык сакталып турганын өткөн жылдын эң башкы жетишкендиги катары белгилешти.

Турсунбек Акун, укук коргоочу:

Мен мына 46 жаштамын. Бирок, мындай оор жыл мен үчүн ушул жыл болду. Мен эч качан ойлогон эмесмин, элдик ыңклапка күбө болом, атүгүл анын катышуучуларынын бири боломун деп. Кыргыз эли да бактылуу экен, ыңклапка катышып, ыңклапты жасап, өзүн бүт дүйнөгө таанытты. Президент, өлкө башчылары элди ойлошу керектигин эл өзү бийликке түшүндүрдү. Мына эми бийлик кандай иштеш керектигин түшүндү. Эгерде элдин алыстаса, кандай абалга түшуп калаарын да билип калды. Бул жылы 24-марттан кийин да көп окуялар болду, 17-июндагы окуя, жер басып алуу, кендерди басып алуу. Бирок, ошонун баарын жөнгө салууга жетишкенибиз – бул биздин эң башкы жакшылыгыбыз. Ал эми менин жеке турмушумда, ошол революция күнү башым, ээгим жарылды, андан кийин 17-июнда да катуу жаракат алдым, балам кырсыктады, бирок, кудайга шүгүр, аман калдык. Эмки жыл өлкөбүз үчүн жакшы жыл болсун, .

Кеңешбек Дүйшөбаев, мурдагы ички иштер министри:

Чындыгында айтканда, быйылкы жыл мен үчүн өтө кыйын жыл болду. Бул жыл мен үчүн чоң сыноонун жылы болду деп айтсам болот. Бирок, мунун баарына биз философиялык көз караш менен карап, өз ишибизди улантып жатабыз. Эми келээрки ит жылы биздин эл үчүн жакшы жыл болсун. Жамандыктардын баары ушул жыл менен кетсин .

Азиза Абдрасулова, «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы:

Быйылкы жыл биз, укук коргоочулар үчүн эң кыйын жылдардын бири болду. Анткени, бул жылы буга чейин болуп көрбөгөндөй массалык нааразылык акциялары бүтүндөй өлкө боюнча жүрдү. Биздин уюм да башка укук коргоо уюмдарындай эле атуулдардын укуктарын, эркиндиктерин коргоо боюнча иш жүргүздүк. Биз ошондой эле өзбекстандык качкындарга байланыштуу да бир топ иштерди алып бардык. Айтор, быйылкы жыл чоң саясий окуяларга бай жыл болду. Менин үй-булөм үчүн да бул жыл жакшы жыл болду .

Марат Кайыпов, Кыргыз Республикасынын юстиция министри:

Узап бараткан жыл эл ал каалаган бийликти алып келип, каалабаган бийликти кетирген жыл болду. Мен бул жылы биринчи жолу министр болдум. Бирок, менин жүрөгүмдө кара так катары кала турган окуя бул жылы октябрь айында 31-колонияда орун алган каргашалуу окуя болду. Бул окуяны мен эч качан унутпайм. Мен кыргыз элинде тынчтык болушун, өнүгүү болушун каалайм

Батмакан Эмилова, кыргыз драма театрында иштейт:

Быйылкы жыл биздин эл үчүн жакшы жыл болду. Эң негизгиси - өлкөбүздө тынчтык азыр. Элибизде ынтымак болсо, көп жакшы нерселер болот. Ал эми биздин жеке турмушубуз да өлкөдөгү абалга байланыштуу болот. Ошондуктан, элиме тынчтыкты, ынтымакты каалап кетээр элем .

Кумар Сапарбаев, Бишкектин тургуну:

Менин жеке турмушумда өтө чоң кубаныч - мен жер алдым, үй салып жатам. Турак-жайсыз адамдарга жер берилгени да быйыл жакшы болду. Ошондуктан, эмдиги жылды жакшы маанайда тосуп жатабыз .

Эльвира Кадырова, мугалим:

Эми бул жыл жакшы эле жыл болду. Өлкөдө жакшы өзгөрүүлөр болду. Элдик революция болду. Эми эл дагы азырынча тушунуп жатат, дароо эле өзгөрүүлөр боло койбостугун. Бирок, эмдиги жылы элдин азыркы бийликке карата талабы да озгөрө баштайт. Эл азыр бийликке өтө чоң үмүт байлап турат. Элдин турмушубуз оңолот деген чоң үмүтү бар .

ПРЕЗИДЕНТ БАКИЕВ ЭЛДИН ҮМҮТҮН АКТООНУ УБАДА КЫЛДЫ

Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев жергиликтүү теле берүүлөр аркылуу Кыргызстандын калкын жаңы жылы менен куттуктады. Март окуясынан кийин шайланган мамлекет башчы жаңы жылдык алгачкы куттуктоосунда элдин үмүтүн актоого убадасын берди.

Президент Курманбек Бакиев 2005-жыл менен 2006-жыл тогошоор маалда Кыргызстандын жамы журтун орус жана кыргыз тилдеринде куттуктады:

- Келген жаңы жылды тунук пейил, таза жүрөгүбүз менен тосуп алалы. Балга малынган келечек жомоктордо гана болот. Ошентсе да, Кыргызстан элдери кечээ күнгө караганда жакшы жашоого, өлкөнү башкаруунун мыкты үлгүсүнө татыктуу. Сиздер мага мамлекет тагдырын, эл намысын ишенип бердиңиздер. Сиздердин ошол улуу ишенимиңиздерди, үмүтүңүздөрдү актап берүүгө убадамды беремин.

Бакиев өз куттуктоосунда жаңырган жылда завод-фабрикалардын кайрадан иштешине, дыйкан чарбалар менен фермердик ишмердүүлүктү жандандырууга, жерди иштетүүгө, элди иш менен толук камсыз кылууга, элдин бакыбат жашоосуна кам көрүүнү башкы милдеттер катары белгиледи. Мамлекет башчынын айтымында, Кыргызстанда эми ошондой эле эски бийликтин жаман адаттары кайталанбайт:

- Бул жыл жалпы журтчулук үчүн да, тарых барактары үчүн да өзгөчө жыл болду. Элдин көйгөй мүдөөсү ишке ашып, коррупцияланган эски бийлик кулады. Бирок аркасынан залакасы көп, чечилбеген маселелерди, руханий жардылыкты, теңсиздикти калтырып кетти. Алар калың элдин үстүнөн күн көрүп, салык салып, элдин жакырчылыгынан жыйнаган байлыгына марып, кызыкчылыгын сактап калууга далбастап, катуу аракеттерди жасады.

Анткен менен, жыл тогошоор маалында ой бөлүшкөн кыйла саясатчылар, коомдук ишмерлер азыркы бийликтен күткөн элдин үмүтү актала электигин белгилеп жатышат.

Маселен, «Кыргызстан» элдик кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы, депутат Азимбек Бекназаров жыл этегинде өткөн элдик алтынчы курултайда сүйлөгөн сөзүндө төмөнкүлөрдү белгилеген:

- Эл бизден эмнени күттү эле? Ушул менин турмушумду жакшырта турган бир саясат жүргүзүп, ушундай коом түзүп бергилечи деген. Бийлик да, нан да, акча да сураган эмес. Тиликке каршы мойнубузга алышыбыз керек, аны кыла алган жокпуз.

Ал эми «Социалисттик Ата мекен» саясий партиясынын мүчөсү, март ыңкылабынын күжүрмөн катышуучуларынын бири Исабек Алдосовдун көз карашында, революциядан кийин таза адамдар келбей калды, бул коррупциянын тамыры калып калганын айгинелейт:

- Революциядан кийин таза адамдар келген жок. Менин оюм боюнча, эшиктеги табличкалар гана алмашты. Ал эми ичинде мурунку эле бийликтин адамдары калып калып атпайбы. Муну менен биз алыска бара албайбыыз. Саясаттан эл тажады. Конституциянын кепили катары буга мамлекеттин башчысы жооп бериши керек.

Бирок «Эркиндик» саясий партиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев жаңырган жылы расмий бийлик элдин мүдөөсүн аткарууга батыл киришерине ишенет. Андай аракеттер жасалбаган шартта элдин нааразылыгы артып, башынан коррупцияга баткан айрым мамлекеттик кызматчылар экономикалык өсүштөргө тоскоолдуктарды жасай баштайт:

- Коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшүш керек. Экинчиден, салыктарды өтө кыскартуу керек. Бизде салык 70-80%ке чейин жетип, ишкерлерди, дыйкандарды муунтуп атат. Үчүнчүсү, чет элдерден келген насыя акчалардын пайызы төмөн болушу керек. Өзгөчө араб өлкөлөрүнөн кредиттерди көбүрөөк алыш керек. Себеби алар үстөгү жок, көп жылга берет да.

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов азыркы бийлик өзүнүн чыныгы элдик экенин далилдеш үчүн өткөн бийликтин катачылыктарынан олуттуу сабак алышын каалайт.

Айрым саясатчылар жаңырган жылда болору күтүлүп жаткан референдум саясий айдыңга олуттуу өзгөрүү алып келиши ыктымал деп болжошууда. Президент Курманбек Бакиев мамлекеттик башкаруу формасын 2006-жылы референдум аркылуу аныктоону жактаарын Конституциялык кеңешменин 2005-жылкы акыркы отурумунда билдирген. «Эркиндик» саясий партиясы бул референдумга парламентти таратуу тууралуу сунушту да киргизүүнү сунуштоодо.

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ

Төкмө акын Жеңишбек Токтобеков менен ырчы Гүлзат Байзакова жаңы жылга карата концерт өткөрүштү. “Калемгер” адабий клубунун отчеттук кечеси өттү. Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын артистери 29-30-декабрда “Жаңы жылда жаңы ырлар” атуу чоң программадагы концертин беришти.

Узап бара жаткан аптанын маданий окуяларынын дээрлик бардыгы жаңы жылга арналды. Маселен, белгилүү төкмө акын Жеңишбек Токтобеков менен ырчы Гүлзат Байзакова жуманын башында, улуттук филармонияда жаңы жылдык концерт беришти. Концертти Гүлзат менен Жеңишбектин сахналаш достору коштоду.

Майрамдык кечеде Жеңишбек Токтобеков жаш төкмө акын Аалы Туткучев менен айтыш көрсөттү, ошондой эле өзү жазган пародияларын тарттуулады. Эми келечекте Жеңишбек Токтобеков менен Гүлзат Байзакова өз алдынча топ түзүп, Кыргызстандын аймактарына гастролго чыгууну көздөшүүдө.

***

“Калемгер” адабий клубунун отчеттук кечеси 28-декабрда мамлекеттик тарых музейинде өттү. Бир катар өнөр адамдардын катышуусунда өткөн бул кечеде алгач аталган клубдун уюшулгандан берки жасаган иштерин чагылдырган тасма көрсөтүлдү. Андан соң клубдун мүчөлөрү ырларынан окушту.

“Калемгер” адабий клубу ай сайын жаш жана улуу муундагы калемгерлердин катышуусунда “Муундан муунга көпүрө” аттуу поэзия кечелерин, адабий талкууларды өткөрүп келатышат. Аталган клубдун жетекчиси Мирлан Самыйкожо уулу жыл аягында клубдун буга чейинки жасаган иштери туурасында маалымат берүү максатында бул кечени өткөрүп жатышканын айтты. Ал эми сөз болуп жаткан адабий клуб туурасында калемгер Абдымамбет Сариев адабият майданы, анын ичинде жаштар кыйналып турганда бул клубдун түзүлүп калганы чоң иш болду, деген оюн билдирди.

"Калемгердин" демилгеси менен “Булак” аттуу аңгемелер альманахы жана Зайырбек Ажыматовдун “Мелмил” аттуу поэтикалык жыйнагы жарык көрдү. Мындан ары да бир катар жаш калемгерлердин китептери аталган клуб тарабынан чыгарыла бермекчи.

***

Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын артистери 29-30-декабрда “Жаңы жылда жаңы ырлар” атуу чоң программадагы концертин беришти. Концертти “Ак марал” бийчилер тобу, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри, “Эл ырчысы Эстебес” жана “Эл шайырлары” топтору коштоду. Кеченин соңунда улуттук филармониянын жетекчиси Керим Турапов сөз сүйлөп, көрүүчүлөрдү жаңы жылы менен куттуктады.

ӨКМӨТ УБАДАСЫН БЕРДИ, ПАРЛАМЕНТ МЫЙЗАМДАШТЫРДЫ

Марттагы окуялардан кийин бийликке келген жаңы өкмөт «чү» дегенде эле ички иштер кызматкерлеринин айлык маянасын көбөйттү. Андан соң биртоп бюджеттик мекемелерде иштегендердин кызмат акылары көтөрүлдү. Жыл аяктап жатканда өкмөт парламентке бюджет мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү боюнча жаңы долбоорду сунуштады. Парламент мүчөлөрү өкмөт экинчи ирет мындай мыйзамсыз аракетке барбашын эскертип, жаңы мыйзам долбоорун колдоп берди. Бирок да алдагыдай жагымсыз тажрыйба онбеш жылдан бери кайталанып келатат.

Антип парламенттин өкмөттүн кыйла кечигибирээк мыйзамдаштыргысы келген аракетин колдоп атканынын барк-баасы 40 миллион сом экенин парламенттин спикери Өмүрбек Текебаев ачык эле айтты. Спикер эгер депутаттар жаңы мыйзам долбоорун колдошпосо алган сый акчаларын кайтарып бериши зарыл экенин да эскерте кетти.

- Мына биз аппараттын айлыгын 30% көтөрдүк. Башкалардыкына коштук. Башка чыгымдар болду. Бул туура эмес практика. Президенттин жарлыгы менен эле милициянын айлыгын көтөрдүк, мугалимдерге да которуп коюп жатат. Биз аягында мыйзамдаштырып жүрөбүз. Президент бюджет мыйзамына өзгөртүү киргизип алып анан көтөрүш керек. Эгер биз (өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун – ред.) кабыл албасак милиционерлер 50% кошуп алган айлыгын төлөп бериши керек, мугалимдер акчасын кайтарышы зарыл. Парламент 40 миллион алган, муну да кайтарыш керек. Бирок бул туура эмес, бирок бул айла кеткендеги жасалган иш, революциялык жылдагы иш катары мыйзамдаштырып коелу деп жатабыз.

Депутат Азимбек Бекназаров өкмөт менен парламенттин ортосундагы көнүмүш мамиле он беш жылдан бери улантылып келатканын маалымдап, мыйзамды буйлалаган мындай аракет четке кагылыш керек экендигин айтты:

- Эми ушул кыргызбайчылыкты койбойлубу, кайрыла койбойлубу, минте койбойлубу, болор иш болуптур деп. Ошентип жүрүп элибизди болтуруп бүттүк эми «дальше куда» - дагы каякка.

Темирбек Сариев мурдагы бийлик тушунда экономикалык негизги мыйзамды жыл бою бир эмес, бир нече ирет бузган өкмөттүн аракети жаңы заманда деле улантылып жатканына таңкалганын жашырган жок.

- Мынаке, өздөрү айтышты эски бийлик туура эмес иштеди деп, жаңы бийлик туура иштеши керек болчу. Сабак болсун.

Депутат Болотбек Марипов жыл аяктарга бир күн калганда апыл-тапыл жаңы мыйзам долбоорун көтөрүп келе калган өкмөттүн жаңы мыйзам долбоорун четке кагып, мындай жагымсыз тажрыйбаны четке кагуу демилгесин көтөрүп чыкты.

- Жыл тогошорго бир жыл, ой, бир күн калганда бизге бюджет мыйзамына өзгөртүүлөр киргизип мыйзам бузууларды мыйзамдаштырып берүү өтүнүчү менен келип отурушат. Биз аны азыр бекитип беребиз, жасаган айыптарын кечип беребиз. Май айына чейин бюджет мыйзамынын аткарылышын талап кылганга акыбыз бар го. Бюджеттин аткарылышын азыркыдай бекитип берсек өкмөт мыйзам бузууларды кечирип берет экен деп көнүп калат.

Парламенттин бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагасы Акматбек Келдибековдун ырасташынча, 2005-жылдын бюджетинин кошумча акчасынан Жогорку Кеңеш деле кур калган эмес.

- Биз 40 миллион сом - Жогорку Кеңеш алдык. 31-декабрга чейин гана бюджеттик жыл болот. Андан ары болбойт. Урматтуу кесиптештер, ушунy туура түшүрүп өзгөртүүнү басып койсоңуздар мындан эч нерсе өзгөрбөйт.

Экономикалык мүмкүнчүлүктү саясий кызыкчылыктын садагасына чаап жиберүүнүн салакасын дагыле болсо карапайым калк тартат. «Коюндан төгүлсө кончко» дегендей, казынада болгон акча мыйзам негизинде үлөштүрүлүш керек. Жогорку Кеңештин депутаты Жантөрө Сатыбалдиев мындан ары мыйзам бузууларга жол берилбеши керек, жол бергендер жазаланышы керек экендигин билдирди.

- Мугалимдер алган айлыгын кайтарып берет, милициялар алган айлыгын кайтарып берет, андай эч качан болбойт. Ким чечим кабыл алды, ким мыйзамды өзгөрттү – ошол жооп берет. Милицияга 1-апрелге өзгөртүү киргизип 50% көтөрдүбү, эмне үчүн буга чейин ал жөнүндө Жогорку Кеңешке билдирип бюджетке өзгөртүү киргизген жок.

Буга чейин өкмөт бюджеттин чыгаша бөлүгүндө мурда каралбаан чыгымдоолорду арбын жасап, аны парламенттин жардамы менен мыйзамдаштырып келген. Жаңы өкмөт тушунда деле алдагыдай жагымсыз аракет дагы кайталанып жатканы парламенттик талкууда байма-бай айтылды. Мындан ары мыйзамсыз иш-аракеттерге жол берилбеши белгиленди. Ал аткарылабы же жокпу – муну албетте, мезгил көрсөтөт.

КИЧИНЕ БАЛАТЫ КЕСИЛДИ КЫШТА

Жаңы жылды майрамдоо салтка айланып калган балаты жасалгалоосу токойлордун аянтын кыйла кыскартты. Айрыкча токойлорго жарды Баткен аймагында мыйзамсыз балаты кыйуулар ээн-эркин жүрүп жатат.

Буга чейин Баткен токойлорун отун максатында мыйзамсыз кыюу, кошуналаш тажиктер жана өзбектер тарабынан жургузулуп жаткан болсо, жаңыжыл алдында балатыларды баткендиктер да кесе баштады.

Быйылкы жылга жаңы жыл майрамын тосуу учун облус боюнча 740 түп балатыны кыюуга уруксат берилген. Бул балатылар мектептерге, бала бакчаларга жана мекеме-ишканаларга берилет. Жергиликтуу тургундар болсо эч кимден уруксаты жок эле, токой аралап каалашынча кесип келишуудо. Майрам алдында автоунаасы менен төрт балатыны кесип келген Азамат Абдрахмановко суроо узатканыбызда.

- Жаңыжыл экен бир туугандарым менен тоого барып төрт балатыны кесип келдик. Эч кандай күзөтчүсү жок экен.


Баткен облустук токой чарба башкармалыгынын кызматкери Нурали Акматовтун айтуусунда мыйзамсыз балаты кескен эч ким кармала элек.

- Ушуга чейин бир да жолу балатыны мыйзамсыз кескен фактысы каттала элек. Болсо болуп жаткандыр бирок кармалгандар бизде каттала элек.

Жер-жерлерде күзөтчүлүк кылган токойчулардын айлык маянасы аз болгондуктан ушундай кесүүлөр болуп жатат дейт токой башкармалыгынын инженери Нурали Акматов.

-Токойчулардын айлык маянасы аз, болгну 700 сом, эгер токойчу тарабынан бирөөнөн акча алып балаты же башка дарактарды сатканы байкалса же кармалса ал токойчу дароо жумушунан бошойт.

Бир түп токой бадалын кескендиги учун 54 сом, бир туп даракты кескендигиyt орто эсеп менен 100 сом жазана салынат. Мыйзамсыз кесүүлөрдү азайтыш учун жазананын көлөмүн чоңойтуш керек деген пикирде токойчу Нурали Акматов .

«Эң негизгиси, Тажикстан менен чектеш жердеги токойлорго курал берип күзөт коюшубуз керек. Антпесек баш бербей жатат», дейт токойду коргоо жана сактоо инженери Нурали Акматов.

- Кыйын жерлерге катуу турушубуз керек. Союз мезгилинде куралдарыбыз бар эле, кийин 2000-жылдагы кырдаалдан кийин куралдарыбызды алып коюшкан. Ошол куралдарды кайтарып алып, чегаралаш жерлерди жакшы кайтарсак, ошондо гана кырдаалды жөнгө сала алабыз.

ЭМДИГИ ЖЫЛ БЮДЖЕТИ: ТАҢКЫСТЫГЫ 421 МИЛЛИОН СОМ

Жаңы жылдык каникулга жуп тарардын алдында парламент эмдиги жыл бюджетин биринчи окууда кабыл алды. Кыргызстандын эмдиги жыл бюджетинин киреше бөлүгү 19 миллиард 683 миллион 887 миң сомду түзөт. Чыгаша бөлүгү 20 миллиард ашуун сом, бюджет таңкыстыгы 421 миллион сом.

Үч күндүк талкуунун кызуу талашы бюджеттин киреше бөлүгүн тактоо учурунда абыдан кызыды. Парламенттин бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков эмдиги жыл бюджетинин киреше бөлүгү комитет талкуусунан кийин кыйла өзгөрүлгөнүн белгилеп, дагы кошумча 1 миллиардка жакын сом табылганын, анын 495 миллионун бюджеттин киреше бөлүгүнө жазып, калган 505 миллион сомду кошумча тиркемеге киргизип, кийин акчанын түшүшүнө жараша өкмөт менен парламент чогуу-чаран бөлүштүрсө туура болот билдирди:

- Эгерде өкмөт менен макулдашып, мен өз пикиримди гана айтам, 495 миллион сомду реалдуу кирешеге киргизип, чыгаша жагын жазып, анан 421 миллион сомду таңкыcтык деп көрсөтүшүбүз керек. Анан 505 миллионду биз мыйзамга киргизбей, өзүнчө бир тиркеме кылып кабыл алышыбыз керек. Ушул, башка айла жок. Мен финансистин пикирин айтып бердим. Эгерде 505 миллионду кирешеге киргизип, чыгашага чыгарбай калсаңыз, анда биздин бюджет таңкыстыгы жок болуп калат. Андай болбойт! Себеби МВФ деген “атабыздын” параметрлери бар, ал боюнча 421 миллион сом таңкыс болуш керек. Ошол. Анда инфляцияны кармай албай калабыз.

Парламент депутаты Жантөрө Сатыбалдиев эгер болуп калышы болжолдонуп жаткан миллиардка жакын сомду бюджеттин киреше бөлүгүнө киргизсе, анда эмдиги жыл бюджети таңкыстыгы жок, чыгашасы аз болорун эскертти:

- Азыр 30-декабрда алып келип туруп колду бурап атасыңар. Бул жерде кимдер кызыкдар болуп атканын билип эле турабыз. Кайра-кайра кайталатып суранып атасыңар. Мына комитеттин чечимин кабыл алгыла дедиңер эле аны колдодук. Мен момундай кыргызбайчылыкты түшүнбөйм.

А.Келдибеков эларалык валюта корунун талабын аткарып Кыргызстандын бюджети сөзсүз түрдө 421 миллион сом таңкыстыгы менен түзүлүшү керектигин отургандардын эсине салды.

Айрым депутаттар кошумча каржы булагынын артында карапайым калкка түшчү оорчулуктар башбактап турганын айтышты. Депутат Ө.Бабанов кошумча каржы булак салыктарды көбөйтүүнүн эсебинен болуп жатканын, Авасбек Момункулов эгер бюджет кошумча каржы булагынан табылган акча менен кабыл алынып калса андан биринчи иретте айыл калкы жабыркай турганын билдирди. Өкмөт башчы Феликс Кулов экономикада эч качан жомоктогудай жетишкендик болбосун белгилеп, өкмөт азырынча кескин кадамдарды жасай албасын моюнга алды.

- Тилекке каршы, айрым өлкөлөрдөгүдөй кескин секирик жасоого азыр биздин чама-чаркыбыз жок. Дагы айтайын, мен да сиздер менен макулмун, бизде экономика илими жакшы өнүгө элек. Жаңы өкмөт бийликке келгенде ушу тапта ыкчам өнүгүп бараткан Kазакстандын экономикалык программасын түзүшкөн адистерди бул жерге чакыргам. Орусиядан да мыкты экономисттерди чакырдым. Мага ишенип койгула, алардын айткан кеп-кеңештеринде азыркыдай революциячыл сунуштар болгон эмес. Экономикада жомоктогудай өзгөрүү болбойт.

Парламент мүчөлөрү кызуу талкуудан кийин өкмөт сунуш кылган бюджет долбоорун биринчи окуудан кабыл алышты. Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун ырасташынча, жаңы экономикалык документ реалдуу ишке ашырыла турган мыйзам:

- Көп эле депутаттар финансист эмес да, бюджет менен иштеп көргөн эмес. Эмнеликтен эки башка сан айтылат деп ушуга талашып кетишти. Биз эми кичине кечигибирээк алып келип калдык, себеби өкмөттүн түзүмү 23-ноябрда бекибедиби. Менин оюмча, реалдуу эле бюджет, бөөдө кырсыктан тышкары болсок, аткарып эле коебуз го деп ойлойм.

«ТАСМА»: 2005-ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ФИЛЬМДЕРИ

Төрөкул Дооров, Москва. Назарыңыздарга «Азаттыктын» ар аптанын бейшемби күндөрү ушул убакта обого чыкчу «Тасма» программасын сунуш кылабыз. Бул жолу берүүнүн автору Төрөкул Дооров аяктап бараткан жылдын эң мыкты тасмалары жөнүндө айтып берет. Сиздер ошондой эле кыргыз киносунун соңку 15 жылдагы өнүгүү жолу тууралуу Жаннат Токтосунованын атайын макаласын уга аласыздар.

РЕФОРМА КЕЗЕГИ ЖАЗА ӨТӨӨ ЖАЙЛАРЫНА КЕЛДИ

Кыргызстандагы жаза өтөө мекемелериндеги абал 29-декабрда өкмөт жыйынында талкууланды. Анда абактардагы абалдын оор бойдон калып жатканы, майда кылмыштар үчүн камалгандардын жазасын өзгөртүү зарылдыгы айтылды. Жыйын сонунда тиешелүү тараптарга жаза аткаруу жайларын реформалоо боюнча бул тармактагы бардык көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун камтыган улуттук программаны иштеп чыгууну тездетүү милдети коюлду.

Жыйында алгач юстиция министрлигинин алдындагы жаза өтөө мекемелери боюнча башкармалыктын башчысы Капар Мукеев баяндама жасап, абактардагы абалдын оор бойдон калып жатканына, кызматкерлердин эмгек акысынын аздыгына токтолду. Ошондой эле ал бул системадагы абалды жөнгө салуу үчүн борбордук орган түзүүнү сунуштады:

- Жаза өтөө жайлары боюнча мыйзамдардын аткарылышы үчүн юстиция министрлигинин алдында жазаны аткаруу мекемелери боюнча борбордук орган түзүүнү сунуштайм. 20-октябрда абактардагы баш аламандык эмне үчүн чыкты? Эмне үчүн өкмөт башчы абакка барууга туура келди? Ошол убакта эч ким чечкиндүү чечим кабыл алган жок. Устав боюнча бөлүктүн башчысы чечиши керек эле муну. Эч ким жоопкерчиликти өзүнө алгысы келген эмес. Азыр деле абал андан өзгөргөн жок. Биз азыр юстиция министрлигинде арабадагы бешинчи дөнгөлөккө окшошпуз.

Капар Мукеев мындан сырткары азыр кызматкерлердин эс ала турган жайлары жоктугун, бул тармакка караштуу төрт эс алуу жайы мурдагы бийликтин тушунда менчиктештирилип кеткенин белгиледи.

Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын башында Кыргызстандын абактарында сегиз жарым миң адам болсо бүгүнкү күндө алардын саны 16 миңден ашуун.

Өкмөт башчы Феликс Кулов учурда 16 миң адамдын абакта кармалып турушу Кыргызстан үчүн көптүк кылаарын, абактарда майда-чүйдө уурулук жасагандар отурганына өзү да күбө болгонун белгилеп, жаза мекемелеринин башчысынан канча кишини кыскартууга болоорун сураганда, ал алты миң деп жооп берди.


Мындай жооптон соң өкмөт башчы буларга токтолду:


- Эгер биз алты миң адамды бошотсок, бир канча колонияларды бириктирүү менен, анча көп каражат коротпой туруп, эски колониялардын базасында жаңы колоноияларды түзө алабыз.

Ал эми юстиция министри Марат Кайыпов министрликтин эсеби боюнча, эки миң эле адамды кыскартууга болоорун айтты:

- Кылмыш жаза саясатын гумандаштыруу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатабыз. Ал ишке аша турган болсо биздин эсеп боюнча, алты миң эмес, эки миңдей адам боштондукка чыгат. Алардын катарына биринчи жолу жана жеңил кылмыш жасагандар сыяктуулар кирет.

Министр жаза өтөө мекемелеринин башчысы алты миң деген санды каяктан алганына таң калды. Натыйжада талаш-тартыш болуп, өкмөт башчы аны дыкат иликтеп чыгуу маселесин койду.




Феликс Кулов ошондой эле абактарда жеке ишкерлер аркылуу болсо да өндүрүштү жандантуу зарылдыгына токтолду:

- Колониялардагы өндүрүш аймактарын менчик колго ижарага берүү жолдорун караш керек. Өндүрүштү жандандырып, абактагылардын иштеiине шарт түзүү зарыл. Албетте коопсуздук маселелери сакталууга тийиш. Азыр мамлекет абактарга ишканаларады кура албайт. Андыктан ал жерде керек болсо эркин экономикалык аймактарды түзүү керек.

Ал эми каржы министри Акылбек Жапаров адегенде сыноо иретинде бир колонияда эркин экономикалык аймак түзүп көрүүнү сунуштады.

Жыйын сонунда тиешелүү тараптарга жаза аткаруу жайларын реформалоо боюнча бул тармактагы бардык көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун камтыган улуттук программаны иштеп чыгууну тездетүү милдети коюлду.

УКУК КОРГООЧУЛАР КАЧКЫНДАР МАСЕЛЕСИНЕ АБДАН КАБАТЫР

Качкындар иштерин жүргүзгөн мекеменин жоюлушу Кыргызстанды эл аралык деңгээлдеги чыр-чатакка кирептер кылат. Өлкөдөгү бир катар укук коргоочу уюмдар ушундай мазмундагы кайрылуу менен чыгышты. Ал эми тышкы иштер министрлигиндеги структуралык кайра түзүүлөрдө бул маселе эске алынгандыгы байкалган жок.

Баш паанек сурап келген казакстандык жана өзбекстандык айрым жарандардын арыздарынын жоопсуз калышы укук коргоочулардын бул маселени көтөрүп чыгышын шарттады. Анткени, буга чейин тышкы иштер министрлигиндеги миграция кызматы жоюлуп, анын ордуна өкмөт эки министрликтеги калкты иш менен жайгаштыруу жана миграция департаменттерин бириктирип, мамлекеттик комитет түзгөн. Бирок, азыр миграция саясатын толук кандуу алып барууга комитет даяр боло элек. Жогорку Кеңештин миграция иштери боюча комиссиясынын төрагасы, депутат Кубанычбек Исабековдун айтымында:

- Буларга толук өтө элек. Же имараты жок же машинасы жок. Булардын жагдайы деле оор болуп турат. Жобосу бекий элек эмдигиче.

Президенттин жардыгы менен укугу кеңейтилген тышкы иштер министрлигинин кайра түзүлгөн структурада качкындар иштерин тейлеген бөлүм түзүлгөндүгү тууралуу маалымат тараган жок. Атын атагысы келбеген кызматкердин айтымында, мындай бөлүмдүн болуш зарылчылыгы жок. Анткени, бул маселени мындан ары миграция комитети өз мойнуна алышы керек. Миграция комитетинин жаңы жетекчилиги болсо саясий эмес, экономикалык ишмердүүлүккө артыкчылык берерин кыйытты.

Ал эми укук коргоочулар Кыргызстан качкындар маселесине аз убакытка да көзөмөл кылбай кое албастыгын, бул эл аралык коомчулук алдындагы милдети экенин белгилеп жатышат. Маселен, «Адам укуктарын коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо» бюросунун башчысы Наталья Аблованын оюнда бул өлкөнүн аброюна доо кетирген олуттуу катачылык болду:

- Бизде мыйзам да, жобо да бар, демек, укуктук база бар. Бирок, качкын кайрыла турган жер жок. Бул – нонсенс. Мындай болбошу керек. Өкмөттөгү реформалоо качкындардын арызын албоого негиздүү шылтоо болбошу керек. Кандайдыр бир мекемеде кайра түзүү болуп, биринен экинчисине өткөрүп берүү иш чарасы болгон шартта да баш паанек сурагандардын арыздарын кабыл алууну бир мүнөт да токтотууга болбойт.

Аблова бул жагдайды эл аралык чатак катары баалады. Анткени, Кыргызстан бул кадамы аркылуу качкындарды юридикалык жактан коргой турган үчүнчү өлкө макамынан ажырап калат.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова качкындардын юридикалык жактан корголбой калышын расмий бийликтин коңшу мамлекеттер менен мамиле бузбоо максатында атайы жасаган кадамы болушу мүмкүн деп болжойт:

- Ушунча жылдан бери иштеп аткан миграция кызматы Анжиян окуясынан кийин, бизге качкындар көбөйгөндөн кийин эле алынып салынып атат. Эгер аны алып сала турган болсо «Качкындардын макамы жөнүндөгү» мыйзамды анын ордуна ким аткарат? Ошону аныкташ керек эле да. Анын үстүнө «Качкындар тууралуу» конвенцияны биз ратификациялаганбыз. Эл аралык пактыларды ратификациялаганбыз.

Баш паанек берүүчү өлкөлөрдүн катарына кирген Кыргызстан качкындарга байланышкан саясатын мындан ары кандай багытта жүргүзөөрү тууралуу расмий билдирүү айтыла элек. Ал эми Жогорку Кеңештеги миграция комиссиясынын төрагасы Кубанычбек Исабековдун ишениминде, бул ишти тышкы иштер министрлиги аркалайт:

- Жаңы структура эмки жылдан баштап ишке кирип атпайбы. Тышкы иштер министрлигинде өзүнчө бөлүм болот. Миграция менен иштешүү бөлүмү калат.

«Жарандар коррупцияга каршы» укуктук борбордун лидери Төлөкан Исмаилова качкындардын иштерин көз карандысыз уюм жүргүзүшүн жактайт:

- Өкмөт каражатты таап туруп эгемендүү департамент түзүшү керек. Ошол тышкы иштер министрлигинен алып өз алдынча макам бериши керек. Ал мыйзам ченеминде, эл аралык мыйзамдарды жана Конституцияны сактаган эгемендүү институт болушу керек.

ЖАҢЫ ЖЫЛ КЕЛДИ ЖАРАШЫП…

Апта соңундагы басылмалардын негизги темасы – жыл жыйынтыгы. Көпчүлүктүн көңүлүнөн кыйла-кыйла жылдар эсинен чыкпай чыкпай турган окуялар 2005-жылы өттү. Тоок жылы топук пейил калкыбыздын чыдамы түгөнгөнүн көрсөткөн ыңкылапчыл жыл болду. Кыргызстан бир эмес эки ыңкылапты башынан кечирди, басып алмай, тартып алмай байма-бай болду.

Оболу ыңкылап тууралуу. Эмдигиче анын кантип өткөнү, кандай максатты аркалаганы, мүнөзү эмне экени чоң талаш чакырып келет. Белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков кызматын таштай качкан А.Акаевдин ордун ээлеп калган жаш бийлик азырынча эч кандай жаңылык алып келбегенин «Агым» гезити аркылуу мындайча ырастайт:

«Кеп Бакиевде эмес. Бийлик кармагандар эл жаңы системага ишенет деп ойлоп жатышат, эл ушуга добуш берет деп. Мен буга күмөнмүн. Эгер алар парламенттик система бийлигине өтүү керек деп элди ишендире алса, анда жыйынтык башкача болор. Мындай тагдыр чечер маселеде административдик ресурс деген каардуу, билеги күчтүү нерсе бар. Мурда да бул күч колдонулуп келген. Азыр да бул жаатында эч нерсе өзгөргөнү жок»

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев ушул эле басылма аркылуу Бакиев – Кулов мунасасы тууралуу «Мен кызды сүйсөм, кыз мени сүйбөсө - тандем болбойт да» деп азыркы бийликтин талылуу маселеси тууралуу пикирин билдирген.

«Мен президенттик-парламенттик башкарууну колдоп жатам. Личность – адам. 7 миң жыл адам цивилизациясынын тапканы – мамлекет. Мамлекет болбосо адамды ким коргойт? Азыр бизге президенттик-парламенттик бийлик керек. Эгер дароо парламенттик бийликке өтүп кетсек, анда базар-вокзал башталат. Майдалап-майдалап, баягы түндүк-түштүк эмес, колотко чачылып, ар коктудан корбашы, атаман чыгып калат. Ушундан коркушубуз керек. Курманбек Бакиевди туура эмес түшүнүп атышат. Бу киши токтоо, катуу баспай акырындап, элди козгобой атат. Ошону менен мен ойлоп атам, беш жылда көп жакшы нерселерге алып келет. Беш жылдан кийин жөжөнү санабайлыбы».

Болот Шамшиев эртең саясий майдандагы оюнчулардын текши баары эл иргегинен өтөрүн белгилейт. Кимдин-ким экени мезгил өткөндөн кийин ачыкка чыгат деген пикирде. Ишенбай Абдуразаков тандемден эч ким жамандык көрбөгөнүн белгилеп, эки инсандын тарапкерлери астыртан колтукка суу бүркүп, саясий тирештин чогун үйлөп жатканын билдирет.

Өтүп бараткан жылда мурдагы президент А.Акаев убагында качып кетүүгө үлгүрдү деп маалымдайт «Вечерний Бишкек» гезити. Кызматын таштай качкан мамлекет башчы Орусиядан башпаанек таап, катардагы мугалимдиктин убайын көрүүдө. Орусияда калк каарына кабылган өкүмдарларды жакшы көрүү салты бар. Бир эмес, эки революцияны башынан кечирген Орусия өкүмдары Николай 2 кыйла жылдардан кийин православ христиандардын ыйык адамына айландырылды. А.Акаевдин мамлекетти башкаруу ишине үй-бүлөсүн катыштыруу аракети элдик ыңкылап менен аяктады. Аскар Акаев «жылдын качкыны» наамына татыды.

Жаңы орун бош калбайт экен, элдик ыңкылаптын аркасы менен Курманбек Бакиев, Феликс Куловдун жылдызы жанды. Бу жылы революциянын кыймылдаткычы – локомотиви катары сыпатталган Роза Отунбаева парламент сыноосунан өтпөй калды.

Элдин көңүлүнө көк таштай тийген парламентти таркатуу тууралуу бираз кечигибирээк болсо да «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев аракет кылды, 300 миң кол топтоду. Кечээки бийлик каршылашынын бул агедил аракетин жаңы бийлик деле жактырбай туру, бирок «Агым» гезити ырастагандай, «айла жок, бирок I love you» . Кыйла жыл унутта калтырылып келген «басмачылыкты» тарых бүктөмүнөн таап чыккан Нурлан Мотуев айрым басылмалардын баамына илинди.

Марттагы бийлик алмашуусу коомдук турмушубузга, асыресе маалымдоо каражаттарына да өз таасирин тийгизбей койгон жок. Жаңырган жылда өкмөттүк басылмалар «Эркинтоо» гезитинен башкасы өз алдынчалыкка жетишкени туру. Ош облустук телекомпаниясы элдик телекөрсөтүүгө айланат. «Вечерний Бишкек» гезити өз ээсине кайтарылып берилди, КООРТ телеканалынын, «Бител» уюлдук байланышынын жетекчилиги өзгөрдү.

Эмдиги ит жылы бардарчылыктын, бапыраткан меймандостуктун, аш-тамагы мол жетишкендиктин жылы болсун!

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG