Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 22:31

Кыргызстан

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВДИН ОТСТАВКАСЫ ПАРЛАМЕНТТИ КРИЗИСКЕ АЛЫП КЕЛИШИ МҮМКҮНБҮ?

Азиза Турдуева, Бишкек Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин отставкага кетүү жөнүңдөгү чечими ар кандай ой-пикирлерди жаратууда. Айрым саясатчылар бул парламенттик кризиске алып келиши ыктымал дешсе, кээ бирлери мындай көз караштарды четке кагышууда. Спикердин алмашышы парламентте кандай өзгөрүүлөргө алып келиши ыктымал?

Айрым серепчилердин болжолунда жаңы төраганын шайланышы парламенттин президент, өкмөт менен болгон мамилелерине кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү алып келиши ыктымал. Анткени, алар белгилешкендей, буга чейин президент менен парламенттин ортосундагы мамилелерге өлкө башчы менен парламент төрагасынын ортосундагы жеке мамилелер белгилүү таасирин тийгизип турган.

-Эки адамдын жеке мамилеси саясатташып кетти. Андай болууга тийиш эмес. Жеке мамилелер мамлекеттик деңгээлге өтпөшү керек. Бирок, мен ойлойм, биздин төрага отставка кетүү жөнүңдө туура чечим кабыл алды, -дейт депутат Камчыбек Ташиев.

Парламенттин айрым депутаттары, алардын ичинде Мелис Эшимканов, Каныбек Иманалиев жана башкалар төраганын отставкага кетиши менен парламентте кризис тузүлушү ыктымал жана мындай абал Жогорку Кеңештин таратылышы менен аякташы мүмкүн.

-Менимче эки коркунуч бар кризистик абалдын түзүлушүнө. Азыр негизги күрөш Кубатбек Байболов менен Марат Султановдун ортосунда болот. Бирок, экөө тең шайланбай калат. Алардан кийин, ону чыгабы, канчасы чыгат, алар да шайланбайт. Ошентип, биз бир айлап, эки айлап, төраганы да, орун басарларын да шайлай албай калышыбыз мүмкүн. Мындай жагдай кризиске алып келиши мүмкүн. Ошондой эле азыр менин билишимче, президенттик администрация өзү каалаган талапкерди өткөрүү аракетин көрүп жатат. Алар депутаттарды бири бири менен тирештирип, кризистик жагдайга кызыкдар болуп жатат. Депуттардын тирешип, чабышы алардын кызыкчылыгында, ошондой жагдай түзүлсө, парламент өзү тарап кетиши мүмкүн,-дейт депутат Мелис Эшимканов.

Дүйшөмбүдө парламент төраганын орун басарларынын отставкага кетүү жөнүндөгү арыздарын күн тартипке киргизүү маселесинин депуттар тарабынан колдоого алынбагандыгы да кризистик абалды алдын алган жагдай болду деген да ойлор айтылууда.

-Биз спикердин орун басарларынын арыздарынын каралышын атайын күн тартипке киргизбей койдук. Эми кризис болбойт. Эки орун басар палатанын ишин алып бара берет. Бизди эл ишенип шайлагандан кийин, биз ал ишеничти акташыбыз керек , -дейт Карганбек Самаков.

Депуттардын бир бөлүгү болсо, жаңы төрага шайлангандыгы парламенттин бул же тигил маселе боюнча позицияларынын өзгөрүшүнө кандайдыр бир таасирин көрсөтпөйт, деги эле парламентте кризис болбойт деп айтышууда. Депутат Зияддин Жамалдинов төрага кетсе эле, парламенттин жүзү өзгөрүп кетет деген пикирлерге кошула албайт: Анткени, ар бир депутаттын ар бир маселе боюнча өз көз карашы бар, өзүнүн пикири бар. Президенттик администрация тарабынан айтылган нерселерге макул боло берүү мүмкүн эмес деп ойлойм. Менин пикиримде Ө. Текебаев төрагалыктан кетсе, эч кандай кризис болбойт .

Депуттардын бир бөлүгү жаңыдан шайлана турган төрага президенттик администрация, өкмөт менен ынтымактыкта иштеши керек деп эсептейт.
Эми төрага кетем десе, анын чечимин колдоо керек. Жаңы төрага эми президенттик администрация, өкмөт менен эриш-аркак иштеп, экономиканы көтөрүү багытындагы жаны мыйзамдарды кабыл алуу жаатында иштеши керек,- дейт депутат Аскар Салымбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболовдун баамында парламенттин төрагасынын отставкасына байланыштуу түзүлгөн азыркы кризистик кырдаал мамлекеттик башкаруу системасына байланыштуу:

-Бул кризис биздин Конституциядан келип чыгып атат. Азыркы түзүлгөн жагдай биздин баш мыйзамда шартталган. Мындай кризистик кырдаалдарды алдын алүү үчүн конституциялык реформа жүргүзүү керек , - дейт Кубатбек Байболов.

Серепчилердин көз карашында азыр президент да, өкмөт да, парламент да Жогорку Кеңешти кризистин алдын алуу аракетин көрүүгө тийиш.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ СПИКЕРДИН ОТСТАВКАСЫН КҮН ТАРТИБИНЕ КИРГИЗДИ

Чолпон Орозобекова , Бишкек Кыргыз парламентти бүгүнкү жыйынында спикер Өмүрбек Текебаевдин отставкага кетүү арызын күн тартибине киргизип, ал маселени 20-февралда добушка кое турган болуп чечим кабыл алды. Спикердин артынан эки вице-спикер дагы отставкага кетүү тууралуу арызын беришти.

Жыйын башталганда депутаттарга алгач Өмүрбек Текебаев төрагалык кызматтан кетүү жөнүндө арызын дагы бир кароону сунуштап, аны бүгүндөн калтырбай палатанын күн тартибине киргизүүнү өтүндү.
- Өткөндөгүдөй өтпөй калбасын, өтпөй калса да мен күнөөлүү болуп атам. Түшүнбөй калдык, канааттанбай калдык дебегиле. Бул деген оюнчук эмес,- деди Өмүрбек Текебаев.

Бул жолу спикер гана эмес, вице- спикердин экөө тең отставкага кетүүгө арыз жазгандыгы белгилүү болду:
- Жоопкерчилик менен ойлонуп добуш бергиле. Мен кетип атам, эки орун басарды кет деген киши жок. Булар жигиттик кылып, жалпы жоопкерчилик үчүн кетип атышат. Добушка эки бөлүп койом, менин арызымды өзүнчө, орун басарлардын арызын өзүнчө,- деди Текебаев.

Депутат Мелис Эшимканов болсо үчөөнүн тең отставкасын четке кагууну суранды.
- Менин эскертерим ушул, Бакиев каалагандай, мен ишенгендей Кулов каалагандай парламент кризиске кептелди. Бул парламенттин өмүрү кыска, бул парламент жакында тарайт. Себеби биз жаңы спикерди да, бир дагы орун басарды шайлай албайбыз. Ошондуктан булардын жигиттигине таянып туруп, үчөөнүн тең отставкасына каршы добуш берели. Көздү кызартып булардын ордун аңдыганды токтоткула,- деди Мелис Эшимканов.

Палатанын башында тургандардын баары кетип калса парламенттик кризис болот деген чочулоолор да айтылды. Депутат Өмүрбек Бабановдун мындай оюнан кийин Өмүрбек Текебаев дагы вицелердин арызын четке кагууну суранды. Ошентип спикер алгач өзүнүн отставкасын күн тартибине киргизүүнү добушка койду. Бул маселе 50 добуш менен күн тартибине киргизилип, эмки дүйшөмбүдө каралмак болду. Мыйзам боюнча парламенттин кызматтан чегинүүсү үч иш күнүнөн кийин гана каралышы керек.

Андан кийин добушка вице- спикерлер Болот Шерниязов менен Эркинбек Алымбековдун арыздар коюлду. Эки орун басар тең өз арызында Өмүрбек Текебаев кызматтан кеткен күндө мен да кызматтан чегинем деп жазышкан. Бирок 17 гана добуш алып өткөн жок.

Кызматтан кетүүгө арыз жазгандан кийин мыйзамга ылайык Өмүрбек Текебаев сессияны алып баруу укугун Болот Шерниязовго өткөрүп берди. Вице-спикер Шерниязов эмне үчүн Текебаев менен кошо кетүүнү чечкендигин мындайча түшүндүрдү:
- Туура эмес сүйлөп алган жалгыз Текебаев бекен!? Иши да туура эмес, ар бир кадамы туура эмес адамдарга унчукпай эле жүрбөйбүзбү? Бул парламент Бакиевдики эмес, мандатты Бакиев берген эмес. Парламент Куловдуку да эмес. Туура эмес болуп аткан жерди туура эмес деп айтуу конституциялык укугубуз эле го. Текебаевдин катасын кечире алган жок. Эмне үчүн?

Болот Шерниязовдун президент менен Өмүрбек Текебаевге байланыштуу сөзүнө спикер дароо жооп бергенге үлгүрдү:
- Мен кечирим сурагандан көрө кызматтан кетүүнү артык көрдүм. Мен эч кимден кечирим сураганым жок, чындык үчүн сурабайм дагы. Ушул сөзүңөрдү кайталабагыла. Мен кечирим сураганым жок, -деди Өмүрбек Текебаев.

Ошентип эмки дүйшөмбүдө 20- февралда анын спикерлик тагдырын палата өзү чечет. Ал эми депутаттар арасында анын ордуна үч- төрт адамдын аты аталууда.

ЖОГОРКУ КЕНЕШ ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВДИН КЫЗМАТТАН ЧЕГИНҮҮ ЖӨНҮНДӨ АРЫЗЫН КАРАМАК БОЛДУ

Кыргызстандын парламенти бүгүн төрага Өмүрбек Текебаевдин кызматтан чегинүү жөнүндө арызын күн тартибине киргизди. Белгиленген тартипке ылайык парламент бул маселени беш иш күнүнөн кийин 20-февралда кароого тийиш.

Төрага кызматынан чегинүүгө түрткөн себептер жөнүндө Өмүрбек Текебаевдин сүйлөөгө даярдаган сөзү бүгүн коомчулукка таркатылды. Ө. Текебаев президент К. Бакиев тууралуу айткан сөзүнүн мазмуну эмес формасын өзү туура эмес тапкандыгы үчүн кызматтан кетүү жөнүндө чечимге келгенин билдирген. «Анткени, сөзүмдүн мааниси менен дээрлик баары макул»,- деп баса белгилеген.

Ө. Текебаевдин сөзүнө караганда анын төрага кызматынан кетиши боюнча Президент Бакиев менен премьер-министр Ф. Кулов бир пикирде экендиктерин өткөн жума күнү билдирип белги беришкен. Парламент жетекчиси Бакиев-Кулов саясий тандеми убада кылган демократиялык реформаларды ишке ашырууну тынымсыз талап кылып келгени үчүн алар анын кызматтан чегинишин каалап жаткандыгын билдирген.

Ө. Текебаевге тилектештик иретинде төраганын орун басарлары Б. Шерниязов жана Эркин Алымбеков дагы кызматтарынан чегинген жатышат.

САЛИЖАН ЖИГИТОВ : КЫРГЫЗ ЖАЗУУЧУЛАРЫ ЧЫНЫГЫ ТУРМУШТУ ЖАЗА АЛБАЙ КАЛЫШТЫ

Үстүбүздөгү жылы 11-февралда узакка созулган катуу оорудан кийин атактуу адабиятчы, коомдук ишмер Салижан Жигитов дүйнөдөн кайтты. Салижан Жигитов 1995-96-жылдары “Азаттык” радиосунун Бишкектеги бюросун жетектеп иштеген. Ал бул кызматтан кеткенден кийин дагы “Азаттык” менен кызматташуусун үзбөй, өлкөдөгү орчундуу коомдук-саясий, улуттук адабият маселелери боюнча дайыма чыгып сүйлөп, калыс пикирин айтып келген. Биз угармандарга сунуштап жаткан маек Салижан Жигитовдун көзү тирүүсүндө “Азаттыкка” берген соңку интервьюларынан болуп саналат. Анда бийликтин улуттук адабиятка болгон мамилеси жана 24-марттагы окуянын адабияттагы орду жөнүндө сөз болот.

АКЫР-ЧИКИР КАЗЫП ЖАН БАККАН КЫРГЫЗДАР, ПАПКА ТАЛАШКАН ЖЕТЕКЧИЛЕР

Аманбек Жапаров,Бишкек Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Орловка айылына кире бериштеги Кыргыз тоо-кен комбинатынын жана инфекциялык оорукананын таштандылары көмүлгөн жайды жергиликтүү тургундар казышууда. Алар түстүү металлдардын калдыктарын чогултуп ошол жерден далдалчыларга сатышып, күнүмдүк нанга каражат табышууда. Бейөкмөт уюмдардын билдиргенине караганда ал жерде радиациянын өлчөмү нормадагыдан 10 эсе жогору. Жергиликтүү тургундардын айтымында, мурда көмүлгөн химиялык заттар ачык калса жугуштуу оорулар жайылып, массалык уулануу коркунучу бар.

Ишембиде Мамлекеттик жана коммерциялык эмес уюмдар ассоцациясынын башчысы Токтайым Үмөталиева Кемин районуна караштуу Орловкадагы Тоо-кен комбинатынын таштандылары көмүлгөн жайды казып, күнүмдүк оокаттары үчүн баштарын баталгага байлап койгон жергиликтүү элдин тагдырына бийлик органдары көңүл бурбагандыгын билдирди. Анын айтымында, райондогу санитардык эпидемиалогиялык станциясы ал жердин радиациялык фону саатына 40тан 400 микрорентген өлчөмүндө экендигин айыл өкмөтүнө маалымдаган. Эгерде тез аранын ичинде өкмөт Орловкадагы таштандылар көмүлгөн жайга көңүл бурбаса бул катастрофа жеке эле бир район үчүн эле эмес жалпы Борбор Азияга коркунуч алып келет, дейт Токтайым Үмөталиева:

-Тез арада өкмөт уулу заттар көмүлгөн жайларга өзгөчө көңүл бурбаса, Кыргызстанда атом бомбасынын кесепеттеринен ашкан кырсык болот. Жеке эле биздин өлкөгө эмес, жалпы Орто Азияга да таасири тийип, чоң коркунуч алып келет,-
деди Төктайым Үмөталиева.

Жекшемби күнү Кеминге жол тартып, Орловка айылына кире бериштеги тоо тарапта жер казып жаткан миңге чукул адамдарды жеринде көрүп, пикир алыштым. Алардын курагы 10 жаштан 60 жашка чейин экен. Чоң трактор менен жер катмарын түрттүрүп, кол менен казып таштандыдан кремний жана башка түстүү металлдарды издешүүдө. Жер казгандар адам чыдагыс оор шартта иштеп жатышканына күбө болдум. Ал жерде бир саатка жакын болгонумда химиялык заттардын ачуу жыты каңылжарды жарып, демди кыстыктырып турду. Радиациянын күчтүү экендигине карабай жаш карысы түстүү металл издөө менен алек. Мындай оор шартта иштөөгө эмнеликтен мажбур болгону тууралуу алардын айрымдары буларга токтолду:

-Мен Адыл Жумабаевмин. Кемин шаарчасында мугалим болуп иштейм. Үч балам бар. Бул жерге келген себебим айлык аз, бирин-экин тыйын таап алайын деп келдим.

-Адыл мырза бул жердин радиациясы аябай күчтүү экен. Жаман айтпай жакшы жок демекчи. Оору жуктуруп алам, же жаман кеселге чалдыгам деп коркпойсуңбу?

-Корккондо эмне. Билем радиация күчтүү экенин. Ооруп каларыбызды да билем. Айла жок тыйын-тыпыр үчүн келдим да.

-Менин аты жөнүм Саяк Илимов. Эки балам, неберем бар. Иштейин десем жумуш жок. Ачкадан кырылып калмак белек. Оорусам мен ооруйун, балдарым оорубасын.
-Бул жерге медицина кызматкерлери келип тешерип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзөбү?

-Эч ким деле басып келбейт. Өткөндө Экологиядан бир нече киши келип, бул жерди казганга болбойт.Ууланасыңар. Казбагыла, демиш болуп кетип калышкан. Бийликтеги кишилер элдин оорусунабы эч нерсесине карабайт. Өлөсүңбү-койосуңбу бары бир.

-Менин атым Максат. Жашым жыйырмада. Үйбүлөдө жети жанбыз. Кол арага жараганы эле мен. Жер иштетели десек үлүш жерибиз жок. Ата-энем ушул Орловкадагы комбинат деп жүрүшүп, комбинат иштебей калгандан бери ишсиз калышкан. Алган пенсиясы эмнеге жетет.

-Мен Керимкулов Алек. Эми баарын көрүп,билип турабыз. Айла жок. Нанга тыйын болсо экен деп иштеп атабыз.

Жан багуу үчүн бир ууч кыргыз атуулдары уулу заттар көмүлгөн жерде иштөөгө эмне себептен мажбур болушканы ушундай. Алар мындай жагдайга дуушар болгондугуна бийлик башындагылдар күнөөлү деген пикирде.

- Менин атым Мукан. Ушунун баарына жогорку бийликтегилер күнөөлү. Эгер өкмөт көңүл буруп, ушул жердеги комбинат, фабриканы иштетип койсо канча киши үйбүлөсүн багат эле. Мурдагы Акаев качып кетип кутулса, эмки бийлигиң деле жыргатчуудай түрү жок. Бакиевге ишенбей калдым.

-Менин атым Токтогул. Бишкекке айта барыңыз ак үйдөгүлөр бийлик талашканын токтотуп элди карасын. Эмне көрбөй атабызбы. Бийлик, байлык үчүн бири-бирин өлтүрүп, папка талашкандар канча. Ал эми элдик депутаттар биринин сөзүн бири укпай, өздөрүнүн камы үчүн жандарын жеп, калп эле кыйын болуп атышат. Элге көңүл бурсун.
-

Бул жерди жергиликтүү тургундар «Кумтөр» деп атап алышыптыр. Ал жерде кара көө баскан казанга тамак жасап саткан келиндер, нан, таттуу суусундук алкоголь ичимдиктерин саткан аялдар турушат. Жол четинде эки жеңил унаа «жер казарлардын» тапкан кремний жана башка түстүү металлдарын сатып алып жатышат. Таштанды казгандардын арасында кабыргасы ката элек жаш балдар да жан үрөп иштеп жүрүшөт.

-Менин атым Азиз. Жашым 12де. Сабактан бош күндөрү келип бул жерден кремний казам. Кээ бирде 40, кээде 150 сомго чейин табам. Акчамды үйдөгү ата-энеме алып барып берем.-

Азиздин жообу ушундай болду.

Орловка айылынын тургундарынын айтымында, эгерде бул иш чарага жогорку бийлик тарабынан көңүл бурулбаса, азыр дүйнө коомчулугу кооптонгон куш тумоосунан да коркунучтуу кырсыктын болушу абзел. Күн жылыганда радиация күчүнө кирип, шамал аркылуу башка аймактарга да тарашы күтүлүүдө.
Жекшемби күнгө байланыштуу айыл өкмөтүн, райондук жергиликтүү бийлик жетекчилерин үйлөрүнөн издеп таппадым. Орловкадагы ооруканада нөөмөттөгү врачтар да жок экен. Атын айтпоону өтүнгөн медкызматкер ооруп келгендерди жергиликтүү дарыгерлер Токмок шаарына, Кемин райондук ооруканасына жолдомо берип жөнөтүп жатканын билдирди.

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ : “ЧЕЧЕН АЙТЫШ” ҮЧ ЖАШКА ТОЛДУ. МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН ГИМНИ ЖАҢЫРДЫ

Узап бара жаткан аптанын бейшембисинде “Чечен айтыш” берүүсүнүн 3жылдык мааракеси болду. Анда берүүнүн катышуучуларына улуттук телеканалдын атынан грамоталар тапшырылды. Андан соң келген коноктор сөз сүйлөштү. Алар менен катар Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү Аалы Молдоканов куттуктоо сөзүн айтты.

-Бүгүнкү 3жылдык мааракеңер менен Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын атынан куттуктап, мындан аркы чоң ийгиликтерди каалайм. Чечен деген кыргыздан көп чыккан. Андыктан жөн гана берүүнүн чегинде эмес, ушул жерде бир чоң студия ачылып, адистер келип окутушса чоң ийгилик болот эле.

Сегиз чечен беттешишкен бул айтыш эркин айтыш, бабалардын сөзү жана макал-лакап деген үч бөлүктөн турду. Берүүнүн автору Шайырбек Абдрахман уулунун айтымында мындан ары жылына эки жолу республикалык деңгээлдеги чечендердин айтышы өтмөкчү.

Жума күнү опера балет театрында мамлекеттик тилдин гимнинин бет ачар салтанаты болуп өттү. Анда мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын атынан гимндин сөзүн жазган акын Сейит Алтымышевге 20миң сом, композитор Бакыт Алишеровго 40миң сом калем акы тапшырылды.

11-12-февралда Т.Сатылганов атындагы улуттук филорманияда обончу-композитор Рыспай Абдыкадыровдун 65 жылдыгына карата эскерүү кечеси өткөрүлдү. Коомчулуктун өкүлдөрүнүн жана маданият ишмерлеринин катышуусу менен өткөн бул кечеде атактуу обончунун ишмердүүлүгү жана инсандык сапаттары эскерилди. Ал эми мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов өз сөзүндө Рысбай Абдыкадыровдун чыгармачылыгына мындайча баа берди:

-Абабыздын обондорун уккан адам өзүн күчтүү, кубаттуу,таза, бийик сезип,көңүлү көтөрүлүп, кыргыз жеринин аска-зоолорунун атыр жыттуу абасын жуткансып, дарыя булактарынын суусун ичкенсип, өмүр бою жаш, бул дүйнөдөн өтпөс болгон сезимге батат. Обондору улуулукка үндөп, аны уккан адамдын көкүрөгүнө аруулуктун, атуулдуктун, жакшылыктын үрөнүн сээп, өмүрүбүздү жашарткан Рыспай абабыздын элесине миң мертебе таазим кылабыз.

Кеченин экинчи бөлүгү маркумдун ырларын аткарган шакирттеринин концерти менен коштолду. Аны жаш төкмө акын Аалы Туткучев ачты.
“Рыспай Абдыкадыров” атындагы фонддун төрагасы Сооронбай Жээнбековдун айтымында 300дөн ашуун музыкалык чыгармаларды мурас калтырган обончу-композитордун 65 жылдыгын белгилөө муну менен гана аяктабайт, анын ырларын аткарган аткаруучулардын фестивалы өтүп май айында жыйынтыгы чыгарылат.

Ниязаалы Жөргөлөктүн мурасы

Ар апта сайын салт түрүндө берилип келе жаткан «Талант тагдыры» аттуу түрмөгүбүздө, кабарчыбыз Балбай Алагушов айтылуу шайырлар Токтогулдун, Коргоолдун устаты, залкар ак таңдай акын Жеңижоктун курдашы улуу комузчу-куудул Ниязаалы Жөргөлөк Борош уулунун өмүрү менен чыгармачылыгынын айрым барактары менен тааныштырат.

Ниязаалы жөргөлөк,
Суудан аккан дөңгөлөк,
Калган ырды термелеп,
Кызып чертип отурса,
Катыткан кеби бир бөлөк,
Жергелүү элди күлдүрүп,
Токтогул менен бир жүрүп,
Топтолгон элди күлдүрүп,
“Чоң Ормонду” чоң чертип,
Чоочуп койбой оң чертип,
“Сары барпы” күү чертип,
Санап койбой тим чертип,
Кандай күүнү чертсе да,
Кылабына жеткирген – деп ак таңдай акын Жеңижок ырдаган Бороштун уулу Ниязаалы комуздун жоргосу, өз доорундагы Жалалабат өрөөнүнөн чыккан көзгө басар улуу комузчу, эл куудулу болгон.

Ал аспабында колун миң түркүн кубулта чертүү менен өң-түсүн, тула боюн да бийлете, ачып көздү жумгуча башындагы топусун чимирилте бирде чекесине түшүрүп, бирде желкесине жеткире, бирде оң бутунун маасысын чече салып, манжалары менен кудум сыйкырчы кейиптенип черткендиктен калың калк аны терең урматоо, сыймыктануу менен Ниязаалы Жөргөлөк деп аташкан, Атына жараша заты да айкалышкан Ниязаалы, ондогон элдик күүлөрдүн өнү-түсүн өчүрбөй, көркөмдүүлүгүн байыта аткарган.

Ошону менен бирге ал элдик салт күүлөрдүн өзөгүндө Ниязаалынын “Кертолгоо”, Ниязаалынын “Кара өзгөй”, “Ниязаалынын ботою”, “Ниязаалынын Камбарканы” аттуу күүлөрдү чыгарган.

Айтылуу шайыр эки доорду көрөт.

1936-жылы 80 жаштагы Ниязаалы Бишкекте өткөн эл чыгармачылыгын олимпиадасына катышып, өнөрүн тартуулап баш байгени жеңип алат.

Залкар комузчунун көөнөрбөс мурастары шакирттери Эркесарынын, Шекербектин, Коргоолдун чертүүсүндө карапайым угуучуларга тартууланат. Токтогул устатынын атактуу комузчу Майлыбайды жеңгенин:

Сары алтын Аксы жерденсиң,
Сан урук саруу элденсиң.
Саргалдак Майлыбайды таласта,
“Санат күү” менен женгенсиң – деп, сыймыктана ырдаса, Ниязаалынын өнөрүн өз көзү менен көрүп, кийин таалим алган көрүнүктүү комузчу Эркесары:

- Мен Нияз акем менен биринчи жолу “Кыйгач” жайлоосундагы чоң топтон жолугуштум. Кептин чынын айтсам, мурда андай залкар шайырды көргөн эмесмин. Ырас, таластык Айдараалы жөргөлөктү көргөмүн. Бирок, Ниязаалынын бүгүнкүдөй пенде жок куудулдугун уккандан кийин, Айдараалы Нияз акенин изин кече албастыгына көзүм жетти. Ал комузду колго алып баңылдата толгогондо эле күлкүнүн дагы күүсү кошо жанырчу. Ниязаалы ар бир күүнү черткенде ыгы менен шайырланта колун таңданып эле карап тургандай кооздукта ойнотуп, дене-боюн да тең жарыштыра бийлетет, төбөсүндөгү топусун жөргөлөтүп, өңү-түсүн да кубулта өзгөртүп, (угуучуларды) шак өзүнө тартып алган жылдыздуу шайырлыгы менен өзгөчөлөнчү. Ушундай улуу өнөрпоздон таалим алсам дегенде, ак эткенден так эттим. Акыры Нияз акем менен жакшылап таанышып, жан курбуларынан болдум. А киши менден бирдеме чыга турганын байкады көрүнөт, кийин мага чыгара таштады. Аны ээрчип жүрүп, “Мырза кербезин”, “Ботойун”, “Карача тойго кайбылдасын”, “Сары барпысын” үйрөндүм. Сөздүн ачыгы, аларды Нияз акемдей чертүү кайда. Ошондой болсо да, “алыбек алына жараша” дегендей өзүмдүн алыма жараша чертип жүрөм - деп эскерген.

Бүтүндөй өмүрүн күү менен өткөрүп, күү менен жашаган Ниязаалы Жөргөлөктүн мазмунга бай, татаал кайрыктардагы күүлөрү бүгүнкү кыргыз угуучуларына шакирттери Эркесары Бекбазаровдун, Шекербек Шеркуловдун, Токтосун Тыныбековдун жана Алтымыш Мундусбаевдин чертүүлөрүндө келип жетти.

Төкмө акын жана комузчу Токтосун Тыныбеков Ниязаалыны беш-алты жашында көргөн:

Көзүмдө турат элестеп,
Көргөнүм бала чагымда,
Аракет кылып жүрчүмүн
Ар күүсүн илип калууга,
Көөдөндө турчу кол жетпей,
Дал өзүндөй кайрууга,
Чимирилчү топусу,
Дөңгөлөк өңүү чокусу,
Чекесине бир келип,
Желкесине кетчү эле
Чытып койсо кабагын,
Сыйкыры бардай ошого,
Азыр да таң каламын,
Аттиң ай! Болсом ошондо,
Он алты, он беш жаштарда,
Илбейт белем далайын – деп Токтосун Тыныбеков өкүнө эскерип, кийин “Кайран күү”, “Кертолгоо” аттуу күүлөрүн Эркесары, Шекербектен үйрөнөт.

Мен айылда жүргөндө эле – деп эскерген комузчу Шекербек – таластыктардын ар кимисинен “Аксы” деген жерде тоо булбулу Токтогулдун устаты Ниязаалы аттуу чоң комузчу бар деп айтышканын көп жолу уктум.

Аны уккан сайын, Атаганат, ошого жолугар күн болор бекен деп, дегдеп бир көрүүгө куштарлануучумун. Насипти кайдан дегендей мына эми насип айтып туз буйруп Нияз акем менен ордо калаада өтүп жаткан биринчи олимпиада алгачкы жолу жолугушуп отурам. Залкар шайыр менен бир бөлмөдө он күн бирге жашадым. Ошол кезде кайран киши сексенде экен. Нияз акем ошончолук жашка чыкса да, сынынан кетпептир. Мага көптөгөн күүлөрүн чертип берди. Алардын ичинен “Өттү кетти балалык” аттуу күүсүн үйрөнүп алдым.

Ниязаалы Жөргөлөк залкар күүлөрдү чертүү, чыгаруу менен бирге санат, терме, насыят, махабат ырларын да чыгара койчу экен. Маркум Шекербек Шеркулов:

- Нияз акемден күүлөрүн эле эмес, мына мындай:

Ой, Дүрдана, Дүрдана!
Карайсың мынча сурдана?
Көксөгөн жанды кубантып,
Күлүп койчу бир гана – деген шекилдүү саптардагы “Дүрдана” аттуу ашыктык ырын да үйрөнүп алган элем” – деп ырдап да берген эле.

Улуу шайырдын кыргыз эли менен түбөлүккө коштошконунан быйыл 64-жыл толду.

Бирок, ал арабызда жок болсо да канаттуу күүлөрү калкы менен бирге жашап, угуучуларга ырахат тартуулап келүүдө.

ДУНГАН КАЛКЫНЫН БААТЫРЫ БАЯНЬ-ХУ БАЯНЫ

Кыргызстан менен Казакстанда жашаган дунгандар арасынан Баянь-хуну билбеген адам болбосо керек. Aлар Баянь-хуну дунган калкын маньчжур-циндик кыргындан сактап калган баатыр деп билишет.

XIX к. экинчи жарымында Кытайда дыйкандардын көтөрүлүшү башталган. 1862-ж. көтөрүлүшкө Кытайдын түндүк провинцияларында жашаган дунгандар тартылышкан. Шэньси жана Таньсу провинцияларында 35 млн. чамалуу дунган калкы жашап, аларга бардар турмуш курганга жер жетпей, башка жагынан маньчжурдук бийликтин эзүүсү дунган көтөрүлүшүнүн чыгышына себеп болгон. Көтөрүлүштүн көрүнүктүү жетекчилеринин бири Баянь-ху аталып, дунгандар аны калкты кыргындан сактап калган каарман катары баалашат. Тарыхий адабияттарда жана архивдик документтерде ал – Баянь-ху, Бянь-ху, Биянху, Биянхур, Бо Яньху – деп түрдүүчө белгиленип келет.

Анткен менен анын анык аты Байсу болгон. Кийин көтөрүлүштө көрсөткөн эрдиги үчүн эл ага Баянь-ху, же тактап айтканда”жолдуу жолборс” деген ысым ыйгарышкан.

Баянь-хунун туулган жылы жана теги туурасында так маалымат жок. Айрым окумуштуулар аны шаар башчынын баласы болгон дешсе, кээлери Баянь-ху дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген деп жазышат. Канткен менен ал дунган калкынын муң, кайгысын ичтен билген жана элдин эркин коргойм деп күйгөн инсан болуп тарбияланган.

Көтөрүлүштүн башталышынан тарта эле Баянь-хунун баатырдык касиети жана уюштургуч жөндөмү, жоодон тайманбаган эрдиги эл тарабынан бааланып, ал кыймылдын жетекчилигине көрсөтүлгөн. Аскер камылгасы жана анын саны боюнча артыкчылык абалда турган бийлик менен күрөшүүдө күчү жетпестигин туйган Баянь-ху, көтөрүлүшкө Шэньси провинциясын түп көтөрүүгө аракет кылган. Анын жалындуу чакырыгы жана жоо жүрөк эрдиги калкты шыктандырып, көтөрүлүшкө жалаң эле дунган дыйкандары эмес, жергиликтүү кытай калкы да тартылган болчу. Бирок мерчемделген программасы жок жана уюшуу маселесинен өксүгөн дунган көтөрүлүшү маньчжурдук бийликтен жеңилип, дунгандар жерин таштап батышка багыт алып качкан.

Үч топко бөлүнгөн дунгандардын бирин Баянь-ху баштап Кашгардан Нарынга келген. Бул окуя 1877-ж. 22-декабрында болуп, кычыраган кышта азып-тозгон дунгандар Нарындан Токмокко келишкен. Дунган калкынын толук кырылбай калышына да алардын Кыргызстанда орун алышына да Баянь-хунун зор салымы бар. Орус бийлиги аны Кытай мамлекети менен болгон саясатта ийкемдүү пайдаланып, Баянь-ху баштаган дунгандарды Токмок жана Бишкек шаарларына жайгаштырган. Баянь-ху 1882-жылдын 26-июлунда узак жылдарга созулган оорунун айынан көз жумуп, анын сөөгү Бишкектин жанындагы дунган көрүстөнүнө коюлган. Бирок анын мүрзөсүнүн мазакталышынан сестенген дунгандар, Баянь-хунун сөөгүн Токмокко жашыруун алып келишип, ошондой эле шартта коюшкан.

САЛИЖАН ЖИГИТОВ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ

Узакка созулган катуу оорудан кийин 70 жаш курагында Кыргызстандагы көрүнүктүү коомдук ишмер, атактуу адабиятчы окумуштуу Салижан Жигитов дүйнөдөн кайтты.

Салижан Жигитов 1936-жылы Ош областынын Өзгөн районундагы Көлдүк айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (1959), Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунун аспирантурасын (1956) окуп бүтүргөн. Филология илимдеринин доктору (1992).

Өзүнүн эмгек жолун Салижан Жигитов 1959-жылы Өзгөн районунда мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1961-62-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, ал эми 1979-жылдан тарта сектор башчысы болуп узак жылдар үзүрлүү эмгектенген. 1992-93-жылдары С. Жигитов Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук саясат боюнча мамлекеттик кеңешчиси болуп кызмат өтөгөн. 1993-жылы Кыргызстандын Өзбекстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. 1995-жылы Кыргыз Улуттук университетинде профессор. Бир эле учурда 1995-96-жылдары «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросун жетектеп кызмат кылган. 1996-жылдан тарта «Манас» Кыргыз-Түрк университетинде профессор болуп иштеп жаткан. 2003-жылы «Акыйкат жана прогресс» партиясына мүчө болуп өткөн. 2004-жылы «Жаңы багыт» коомдук саясий кыймылын уюштуруучулардын бири болгон.

С. Жигитов Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин эки Ардак грамотасы жана медалдары менен сыйланган. 1984-жылы илим жана техника жаатында Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

300дөн ашык илимий жана адабий эмгектердин автору. Анын ичинде адабий сын изилдөөлөрүн жарыялап, Назым Хикмет, М. Карим сыяктуу атактуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон.

Атактуу акын, адабиятчы окумуштуу жана коомдук ишмердин сөөгүн коюуну уюштуруу боюнча вице-премьер-министр А. Мадумаров башында турган өкмөттүк комиссия түзүлдү. Маркумдун сөөгү 13-февралда Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик көрүстөнүнө коюлат.

УЛУТТУК ИДЕОЛОГИЯ – АР БИР АДАМДЫН ӨЗҮ МЕНЕН ЖАШАЙТ

Кыргыз коомчулугун учурда улуттук идеология маселеси ойлондурууда. Улуттук саясатты калыптандыруу үчүн атайын жумушчу тобу иштеп жатат. Катардагы атуулдар улуттук идеология кыргыз мамлекеттүүлүгү, улуттун келечегине кам көрүү, патриотизм маселелерин камтуу менен катар улут саясаты ар бир адамдын каны-жанында болуусу керек деп эсептешет.

Улуттук идеология түзүү маселеси коомчулуктун негизги баш оорусу бойдон турат. Улут саясаты кандай болуусу, ал эмнени түшүндүрөр маселесине карапайым калк анча маани бере бербейт. Себеби, ал идеология жөнүндө даяр жооптун өзү даяр боло элек. Жалалабаттык Салмоор Тажибаев да улуттук саясат деген сөзгө түшүнбөйт:

- Улуттук идеология тууралуу түшүнүк берген маалымат булактары жок, ошон үчүн түшүнбөйм.

Oблустук кыргыз тил коомунун башчысы Самидин Станбековдун оюнда улуттук идеология мекенди жана табиятты сактоо маселеси менен бирге түпкү элдин унгусунан чыгуусу керек:

- Бул заманда биздин элибиз эмнени көксөйт, эмнени каалайт? Биринчи кезекте мамлекетибиздин экономикасы жогорурак болсо, маданиятыбыз өнүксө, тынччылык, бала-бакырабыз аман-эсен болсо, анан кийин кыргыз мамлекетибиз башка дүйнө жүзүнө таанылган алдыңкы мамлекеттерден болсо деген элибиздин тилеги. Идеология деген нерсе мына ушунун өзүн камтып туруш керек мекенди, жаратылышты коргоону кошуп туруп.

Идеология маселесинде тилдин статусун так аныктап, колониялык жана Батышка жагынуучулук адатынан арылуу абзел. Жаңыдан түптөлүп жаткан улуттук идеологияга Жалалабат Университетинин ректору Маматкадыр Ашыралиевдин төрт сунушу бар:

- Биринчи, коллониялык психологиядан кетишибиз керек. Экинчи, коррупциядан арылышыбыз керек. Үчүнчү, батыштан кайтышыбыз керек. Төртүнчү, биздин республика көп улуттуу болгондон кийин башка улуттарга дагы керектүү шарттарды түзүп, ошолордун маданияты, тили өнүгүшүнө да шарттарды түзүп, бирок алар бизге автономия болобуз деген шартты койбош керек. Дүйнө жүзүндө ката кетирген бир жер бар, бир өлкөнүн ичинде башка улут автономия түзө коюп, эки улуу улут бири-бири менен душман болуп калып атат, буга мисал Карабах.

Oблбийлик өкүлү Орозалы Карасартов улуттук идеологиянын формасы боюнча көп улутту болуусун жактырат:

- Мазмуну боюнча биздин кыргыз улутунун негизи болуп, формасы боюнча көп улуттуулуктун элементтери камтылган кыска таза, ачык идеология керек.

Идеология жаатында өлкөнүн мамлекеттүүлүгү менен эгемендүүлүгү жана келечеги жөнүндөгү ой – башкы маселе. Маданият министри Султан Раевдин айтымында улуттук идеологияга зарыл негиздерди кыргыз тарыхы алда качан түптөп койгон:

- 2000-3000-жылдык тарыхтагы эң жетишкен нерсебиз кыргыз мамлекеттүүлүгүбүз. 28 млн. уйгур, 19 млн. курддун мамлекети жок. Ар бир адамдын, ар бир пенденин кызыкчылыгы ошол – улуу мамлекет биздин кызыкчылыктан келип чыгышы керек баардыгыбызды бириктирип турган. Кыргыз деген мамлекетибиз биздин мамлекеттен келип чыгыш керек. Ошондуктан бүгүнкү болуп аткан маселелердин бардыгы бүгүнкү турмуштун координациясы. Адамдын кадырын, мамлекеттин кадырын биле турган коомду түзүшүбүз керек, ошондой эле дүйнөлүк стандарт менен жашашыбыз керек. Ошондо гана кыргыз кыргыз бойдон, кыргыз мамлекети мамлекет бойдон жашап калат.

Облус тургуну Нурмамат Ашымовдун оюнда улуттук идеология ар бир адамдын жүрөгүндө болуусу зарыл:

- Муну асмандан, же жерден издештин кереги жок. Чет өлкөлөрдө, кайсы мамлекетти сурасаңар аларда улуттук идеология деген жок. Улуттук идеология турмуштун агымы менен элдин арасында жүргөн нерсе болуш керек. Бул менин оюмча спорт. Бардык өлкөнү карап көргүлө элдер расасына, улутуна карабай, бардыгы спорт болгондо мамлекеттик спротсмендердерди колдойт. Себеби ар бир адамдын кайсы улутка таандык болгондон кийин ошол адамдын ичинде жашашы керек улуттук идеология. Муну бирөөгө таңуулаштын кереги жок.

ООГАН ЖЕРИНЕН СОВЕТ ЖООКЕРЛЕРИ ЧЫГАРЫЛГАНЫНА 17 ЖЫЛ ТОЛДУ

Чолпон Орозобекова , Бишкек Быйыл советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына 17 жыл болот. Бүгүн Бишкекте Ооганстанда курман болгон аскерлердин ата- энелеринин жана жоокерлердин катышуусунда жыйын өттү.

Жыйынга ооган жеринде набыт кеткен 23 жоокердин энеси жана бардык региондон келген ардагер жоокерлер катышышты. Алгач Ооган аскерлеринин коомун жетектеген Абдыгул Чотбаев шаардык кеңештин атынан жана Демократиялык күчтөр биримдигинин атынан акчалай жардам тапшырды. Набыт болгон жоокерлердин энелери аскерге кетип кайтпай калган балдарын эстеп ыйлап отурушту. Алар баласын жоготкон ата- эне катары айына мамлекеттен 400 сом жардам алышат. Жоокерлерге болсо мамлекет тарабынан айрым жеңилдиктер каралган:
- Бизге дарыга айына 400 сом берилет. Ошондой эле учак менен жылыга КМШнын бир шаарына барып келгенге болот. Бир жылда бир жолу санаторийге барып эс алганга болот. Темир жол менен да жылына бир жолу каалаган шаарга барып келгенге болот. Эми жетиштүү эле го, мамлекет деле кыйналып атпайбы,- дейт Ооган согушунун ардагери Нурбек Мамбетов.

Жети өгүз районунун Дархан айылынан келген бул жигит Ооган жеринен эң акыркы болуп чыгарылган кыргызстандык аскер:
- Ооганстанда бизди жарым жылга ашык кармашкан. Мен чыгып кете турган аскерлерди коштоп жүрө турган батальонго туш келип калгам. Кол башчы Громов чыгып кеткенден кийин жарым сааттан кийин биз чыкканбыз. Ошондо мен Ооганстандан эң акыркы болуп чыккан тарыхый аскермин,- дейт Нурбек Мамбетов.

Ооган ардагерлери мамлекет тараптан болуп жаткан жардамдын аздыгы тууралуу айтып, даттангылары деле келбейт. Бирок ооган ардагерлери ассоцияциясы жыл жаңыраар алдында мамлекетке мыйзамда каралган жеңилдиктери турмушка айлантууну талап кылып чыгышкан. Ассоцициянын төрагасынын айтымында, мыйзамда каралган жеңилдиктерди мамлекет бербей келатат:
- Тилекке каршы ал мыйзамдар аткарылбайт. Албетте ооган ардагерлерине байланыштуу маселелер бүгүн чыга калган жок, алар 90- жылдары келип чыккан. Согуштук аракеттерге катышкан жоокерлерге тиешелүү көңүл бурулбай аткандыктан кыргыз элине президентке жана парламентке кайрылалы деп чечтик,-дейт ооган ардагерлер ассоцияциясынын жетекчиси.

Ооган жоокерлери буга чейин Ош шаарында бир нече пикет уюштурушту. Башкалаада да нааразылык чарасына чыгабыз деп билдиришкен менен андай пикеттер болгон жок. Мамлекет дагы жоокерлердин кайрылууларына жооп бере элек азырынча. Ооган жоокерлеринин көбү мыйзамда каралган жеңилдиктер же таптакыр аткарылбайт же анын аркасынын чуркаганча далай азапты, далай түйшүктү тартаарын айтышат.

Ооган жоокерлери ушул заманда өз алдынча иштеп жан бакканга аракет жасашууда. Согушщтун ардагери Артур Амангелдиевдин айтымында, “Афганская охрана” деп өз алдынча фирма түзүп, учурда коопсуздук чараларын көрсөтүп иштеп жатышат. Дагы бир ооган ардагери Жылдызбек Укушев да бала бакчанын коопсуздук кызматында иштеп жан багууда.
Кыргызстандан Ооганстанга 7 миң 175 аскер чакырылып, анын 300гө чукулу кайтпай калган, ал эми 1000ге чукул аскер оор жарадар болушкан. Бирок калгандары деле учурда ден соолуктары начарлап, согуштун кесепеттеринин азабын тартышууда.

СПИКЕР ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВДИН КЫЗМАТТАН КЕТҮҮ СУНУШУН КАРООГО ПАРЛАМЕНТ ДАЯР ЭМЕС

Аманбек Жапаров,Бишкек 10-февралда Жогорку Кеңеш төрага Өмүрбек Текебаевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын караган жок. Анткени, бул сунуш өткөн жок. Андан соң парламентте президент Курманбек Бакиевдин 3-февралдагы билдирүүсү талкууланып, бир катар депутаттар анын сын пикирине жана Башкы прокурордун эскертүүсүнө каршы көз караштарын билдиришти.

Жума күнкү Жогорку Кеңештин отурумунда спикер Өмүрбек Текебаев өз каалоосу менен төрагалык кызматтан кетүү боюнча өтүнүчүн парламенттин күн тартибине киргизүү сунушу менен жыйынды ачты:

-Менин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагалык кызматынан өз каалоом боюнча бошотуп коюуңуздарды суранам. Менин бул өтүнүчүм талкуусуз добушкакоюлуп күн тарбинине киргизилет. Анан кайсы күнү карап добуш беребиз деп, өзүңөрчө комиттерде даяр болгондо чечебиз. Урматтуу депутаттар регламент боюнча бул талкуусуз добушка коюлат. Мен 140 беренеге ылайык өз каалоом менен бошоо боюнча арызымды жазып жатам.

Спикер Өмүрбек Текебаев өтүнүчүн добушка койду. Каттоодон өткөн 53 депутаттын 11 каршы, 20 макул деп добуш беришти. Көпчүлүк депутаттар добуш да беришкен жок. Ошентип төрага Өмүрбек Текебаевдин өз каалоосу менен кызматтан бошоо боюнча күн тартибине койгон маселеси өтпөй калды.

Ал эми президенттин Жогорку Кеңештеги атайын ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарынбаев өз сөзүндө президент менен парламенттин ортосундагы мамиле түз, конструктивдүү болушун камсыз кыла албай тапшырган кызматты ишке ашыра алган жокмун, деген баасын айтты. Ал ошондой эле эгерде депутаттар президенттин парламенттеги өкүлүнө ишеним көрсөтпөсө бир саатта бул кызматта отурбастыгын белгиледи. Бирок ал президенттин өкүлү болгондон кийин өз сөзүн айтууга милдеттүү экендигин билдирди:

-Урматтуу Өмүрбек Чиркешович! Сиз түз жүргөн адамсыз. Бирок жанагы добуш берүүнүн жыйынтыгы сизди да канагаттандырбайт, депутаттарды да канагаттандырбайт. 53 депутат катталган болсо 31 эле депутат добуш берүүгө катышты. Депутаттар, бул сиздерге жетиштүүбү? Бул маселе абдан кыйын маселе. Бул элибиздин эртеңки эмес бүгүнкү тагдыры. Азыр күнү менен эмес, сааты менен мүнөтү менен кырдаал күчөп баратат. Ошондуктан мен сиздерге кайрылып өтүнүч кылат элем. Менин өтүнүчүм, бул жерде 50дөн кем эмес депутат ар бириңиздер добуш берүүгө катышып, жанагы маселени сиз, дагы бир жолу добушка салып, мен президенттин атынан өтүнөм ушул жерден ар бир депутат добуш берүүгө катышып, ачык добуш берсеңиздер. Коомчулук да билсин.

Бул маселе кандай чечилиши керек? Регламент боюнча кандай каралат? Бул тууралуу Мамлекеттик түзүлүш жана Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин башчысы Искак Масалиевге кайрылганымда, ал буларга токтолду.

-Бул Өмүрбек Чиркешовичтин арызы боюнча каралган маселе. Бул арызды мени кызматтан бошотуп койгула деп сунуш кылып атат. Ал тууралуу күн тартибине коюлабы? Коюлбайбы? аны депутаттар чечти. Бул маселе күн тартибине кирбей калды. Муну Өмүрбек Чиркешович кана кайра көтөрүп чыга алат. Эгерде ал кайрадан арызымды карап бергиле десе, анда карашбыз мүмкүн. Ал эми башка бир дагы депутат буга кайрыла албайт,-деди Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин бул күнкү жыйынында депутат Азимбек Бекназаров 9-февралда өткөн коопсуздук кеңешинин жыйынына спикер Өмүрбек Текебаевдин катышпай калганына эмне себеп болгону тууралуу президенттин өкүлү Данияр Нарынбаевге суроо узатты:

-Данияр Ильич, Конституциянын авторлорунун бири сизсиз. Жогорку Кеңештин төрагасын Коопсуздук кеңешинин жыйынына катыштырбай коюуу туурабы же туура эмесби?

Депутат Азимбек Бекназаровдун суроосуна Данияр Нарынбаевдин жообу төмөндөгүдөй болду.

-Азимбек Анаркулович, бул киши Коопсуздук кеңешине мүчө. Катышууга укугу бар. Укугунан пайдаланып кирип барды. Орун алды. Андан кийинки болгон окуя ка6ндай болгонун өзүңүздөр билесиздер. Аны бул киши өзү айтып берсин. Мен ага баа бере албайм.Себеби бул укук маселеси эмес.Адамгерчиликтин маселесидир.

Парламент депутаттары 3-февралда өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин Жогорку Кеңешти сындаган билдирүүсүнө карата саясий баа берүү боюнча талкууга алышты. Бир катар депутаттар президенттин бул билдирүүсү саясий кырдаалды ого бетер күчөтүүгө себеп болгондугун, анын парламентти айыптоосуна негиз жок экендигин билдиришти. Ошондой эле Баш прокурор Камбаралы Конгантиевдин Жогорку Кеңештеги эскертүүсү анын кызматтык чегинен аша чаап кеткендиги катары баалашты. Айрым депутаттар саясий кырдаалды курчутпай ынтымакташып, өлкөнүн туруктуулугу үчүн бийлик бутактарын биримдикке келүүгө чакырды. Ал эми депутат Зиядин Жамалдинов президентти курулай сындоонун ордуна, парламенттин өзүн тартипке келтирүүгө үндөдү. Ал Жогорку Кеңештеги айрым кемчиликтерди айтып, үзөнгүлөш кесиптештерин катуу сынга алды.

АЛАТООЛУК МУСУЛМАНДАР ПАЙГАМБАРДЫ ШЫЛДЫНДАП СҮРӨТ ТАРТКАНДАРДЫ АЙЫПТАШТЫ

10-февраль күнү Мухаммед пайгамбарга тартылган шылдың сүрөттөрдү айыптаган жыйын Бишкек шаарынын борбордук мечитинде жума намазынын алдында болуп өттү.

10 миңге жакын адам катышкан жыйында сүйлөгөн сөзүндө диний аалым Абдышүкүр Нарматов эркин ой пикир - өтө баалуу нерсе экендигин, аны мусулмандар баалай билиши керектигин, бирок, сөз эркиндиги деп эле дүйнөдөгү 1,5 миллиард мусулмандын көңүлүн оорутуп, ыйык пайгамбарды келекеге алуу - дүйнөлүк маанидеги чатак иш катары бааланаарын баса белгиледи.

Муфтий Мураталы-ажы Жуманов Мухаммед пайгамбарды келекелегендер – исламдын душманы деп ачууланды:

-Ыйык пайгамбарыбызды экстремист, террорист маанисинде шылдыңдап сүрөткө тартышканы үчүн сиз менен биздин карманышыбыз кыйын болуп турат.

Сөз соңунда муфтий Мураталы-ажы Жуманов Кыргызстандагы саясий кырдаалдын күчөп жаткандыгына байланыштуу демонстрацияларга чыгуу орунсуздугун билдирип өттү.

Анткен менен жума намаздан кийин 50 чакты адам Бишкектеги Франция элчилигинин имаратынын астына нааразылык пикетине чыгышты. Аларды ондон ашык автомашинага түшүп келишкен 40 чакты милиция кызматкери сак-сактап турушту. Нааразылык акциясына чыгуу зарылдыгы тууралу Жамал Фронтбек кызы мындай дейт:

-Пайгамбарыбызга тартылган карикатураларды Даниянын бир эркин гезити жарыялап койсо - Франциянын расмий гезиттеринен бери биринен сала бири басып атышпайбы. Ошол себептен Франция мамлекети да, тактап айтайын, Франциянын мамлекеттик бийлиги расмий түрдө кечирим сурасын мусулмандардан. Дагы карикатуралар бар, аларды дагы басабыз деген маанай бар экен ал жакта.

Франция элчилигинин сүйлөшүүгө чыккан, бирок ,өзүн тааныштырууну ылайык көрбөгөн жооптуу кызматкери айтылган сөздөрдүн баарын тиешелүү кишилерге төкпөй-чачпай жеткире тургандыгын убада кылды. Пикетчилердин бул талаптары эске алынбаса массалык түрдөгү демонстрациялар болору эскертилди.

Чындыгында эле Мухаммед пайгамбарга шылдың сүрөт тарткан жана аны гезиттерге удаама-удаа басышкан өлкөлөргө нааразылык билдирип ушул жума күнү кыргызстандык мусулмандар массалык түрдө демонстрацияга чыкмакчы болушкан экен. Анын өткөрүлбөй калгандыгын демилгелүү топтун мүчөсү Таалайбек Ылайтегин бизге муфтиятта туруп айтып берди:

-Биз массалык түрдө чыксак, үчүнчү күч пайдаланып, элчиликтердин терезелерин сындырып койсо деле чоң чуу болот да. Ошон үчүн азырынча коё турдук.

Мындай мазмундагы нааразылык акциясы 9-февраль күнү Жалалабат шаарында да өткөн болчу.

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАН ЧЫГУУНУН ЖОЛДОРУН ТАБА АЛДЫБЫ?

Азиза Турдуева, Бишкек 9-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинде каралган маселелер боюнча саясатчылар ар кандай пикирлерин билдиришүүдө. Саясатчылардын бир бөлүгү президенттин мамлекеттик башкаруу системасы боюнча айткан пикирин колдошууда. Коопсуздук кеңешинде өлкөдөгү тартип коргоо органдарын реформалоо, мыйзамдуулукту камсыздоо маселелери да каралган.

Коопсуздук кеңешинде президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга америкалык башкаруу системасы ылайыктуу, башкача айтканда аткаруу бийлигинин башында турган күчтүү президент жана күчтүү парламент керек деген пикирин билдирди. Саясатчылардын бир бөлүгү өлкө башчынын мындай пикирин колдоорун билдиришүүдө. Буга чейин Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү да президент аткаруу бийлигин башкарууга тийиш деген көз караштарын ортого салышкан.

-Бакиев мырза Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө «президент аткаруу бийлигинин башында турушу керек. Парламенттин үчтөн эки бөлүгү пропорционалдык, ал эми үчтөн бир бөлүгү мажоритардык система боюнча шайланышы керек. Эгерде ушуга макул болсоңор, мен бул маселени парламентке сунуштоого даярмын деп айтты. Менин пикиримде, бул туура болот. Президент Жогорку Кеңеш тарабынан эмес, эл тарабынан шайланышы керек. Эгерде президент мындай сунуш кылса, биз бул маселени карайлы , - деди депутат Муратбек Мукашев.

Буга чейин Конституциялык реформанын альтернативалык вариантын сунуш кылып, парламенттик башкарууну жактаган депутат Кубатбек Байболовдун көз карашында да Кыргызстанга америкалык башкаруу системасына окшош мамлекеттик башкарууну орнотуу да мүмкүн:

-Парламенттик башкаруу гана болсун, башка башкаруу системасы бизге дээрлик туура келбейт деген ойду эч качан айткан эмеспиз. Айтпайбыз да. Ар бир мамлекеттик башкаруу системанын кемчиликтери жана жакшы жактары бар. Кандай формасы болбосун, аны мамлекеттеги реалдуу акыбалга шайкеш келтирип, иштеп чыгуу болот , - деди Кубатбек Байболов.

Бирок, саясатчылардын бир бөлүгү Кыргызстан 2010-жылдан тарта парламенттик башкарууга өтүшү керек деп эсептешет.

Коопсуздук кеңешинде каралган маселелердин бири өлкөдөгү кылмыштуулукка байланыштуу абал, тартип коргоо органдарынын иши болду. Өлкө башчы азыркы күч структураларын комплекстүү түрдө реформалоо маселесин көтөрдү. Айрым пикирлерге караганда, бул маселелер талкууга гана алынбастан, алар боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынында кандайдыр бир чечимдер кабыл алынууга тийиш эле.

Ал эми айрым саясатчылар президенттин өлкөдөгү кылмыштуулук боюнча абал оор, бирок, айрым күчтөр аны атайын курчутуп сүрөттөгөндөй эмес деген пикирин сынга алышууда. Бул жөнүндө парламенттин экс-депутаты, Кыргызстан улуттук патриоттук кыймылынын тең төрагасы Болот Байкожоев мындай дейт:

Президент өлкөдөгү криминогендик кырдаал күчөп баратканына тиешелүү маани бербей жатат. Мен анын Акаевдин учурунда деле абал ушундай эле дегенине кошула албайм. Азыр бийлик кылымш топторунун өкүлдөрү менен биригип кетти .

Кыргызстанда сот, тартип коргоо органдарын реформалоо үчүн комплекстүү концепция керектиги тууралуу бул тармактардын жетекчилери да айтышууда. Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун көз карашында мындай концепциянын башкы максаты төмөнкүлөр болушу керек:

-Мындай концепциясынын башкы максаты азыркы укук коргоо органдарынын бардык структураларын жана кызматтарын оптималдуу иштөө тартибине келтирүү, аларга укуктук негиз түзүү, мыйзамдарда каралган айрым тартиптерди өзгөртүү, иштөө ыкмаларын демократиялаштыруу, тартип коргоо органдарында мыйзамдык базаны жаңыртып түзүү болушу керек .

Кыргызстан коммунистер партиясынын лидерлеринин бири Орозбек Дүйшеев белгилегендей, Коопсуздук кеңешинде президент Каракечедеги абалды жөнгө салуу боюнча чечкиндүү аракеттер жасалсын деп айткандыгы бул маселенин тынч жол менен чечилишине алып келет:

-Коопсуздук кеңешинде Каракечеге байланыштуу абдан жакшы чечим кабыл алынды. Эми Каракечедеги маселе чечилет. Жумгал эли, бүт кыргыз эли түшүнөт: жер байлыгы бир райондун, бир уруунун байлыгы эмес, бүткүл кыргыз элинин байлыгы .

КАЗАНДА БОЛСО ЧӨМҮЧКӨ

Быйылкы жыл бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн теңине жакыны социалдык секторго, 10% ашууну мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө, 15% күч кызматын кармоого, башка керектөөлөргө 18% жакын, ал эми реалдуу секторго 8% акча бөлүнүүдө. Кыйладан бери кеп болуп келаткан административдик реформа азырынча сөз жүзүндө гана болууда. Республикалык бюджеттен бул ирет деле мамлекеттик башкаруу аппаратын кармоого чоң акча бөлүндү.

Быйылкы жыл бюджетинин чыгаша бөлүгү 20 миллиардка бир аз жете бербеген сомду түзөт. Анын 11% жакын акчасы мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө жумшалмакчы. 2005-жылы мамлекетти башкаруу аппаратын кармоого 147 миллион сом сарпталса, быйылкы жылга 212 миллион сом каралган. Бирок да бул сан кыйла эле азайтылып калганын белгилеп, парламент 2006-жылдын бюджетин экинчи окууда талкуулоо учурунда 811 миллион кошумча акча таап, аны бир топ кызматтарга үлөштүрүп, Жогорку Кеңеште иштегендердин айлык маянасын көтөрүүгө 40 миллион сом кошулганы көпчүлүккө маалым.

Парламент башында сураган 311 миллион сом 145 миллионго түшүрүлүп, бирок да аягында ал дагы 40 миллионго көбөйтүлгөн. Бул ирет бюджеттин чыгаша бөлүгү парламенттин кылдат талкуусунан өттү.

Ушу тапта Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети менен экономика жана каржы министрлиги биргелешип бюджетти дагы бир тактап, сандарды эсептеп чыгуунун үстүндө. Ошол себептүү башкаруу аппаратына канча акча бөлүнгөнү азырынча тактала элек. Экономика жана каржы министрлигинин маалымат кызматы бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн көрсөткүчтөрү кийинки жумада такталып жарыя кылынарын билдирди. Учурунда улуттук банк төрагасы, андан соң каржы министри болуп иштеген парламент депутаты Марат Султанов Жогорку Кеңешке салыштырмалуу өкмөт менен президенттик администрацияны кармоого бюджеттен көп акча бөлүнөт деп билдирди. Анын ырасташынча, айрым министрликтерге салыштырмалуу Жогорку Кеңеш, өкмөт, президент апппаратын кармоого көбүрөөк акча сарпталат.

- Эми каржы министрликтен башка катарлаш министрликтерге салыштырмалуу Жогорку Kеңешти, өкмөттү, президенттик администрацияны каржылоо алда канча жакшы. Муну эми ачык эле айтыш керек. Министрликтер каржылоонун башка булагын таап алышкан. Министрликтердин алдында көп учурларда ишканалар бар. Аларга транспорт, келим-кетим чыгымын жана башкаларды жүктөп коюшкан. Ошондуктан алардын бюджеттеги чыгымы аз көрүнгөн менен иш жүзүндөгү чыгымы көп болуп жатат. Президенттики 35 миллион болгон экен ал 32 миллион сомго кыскартып жатат.

Кесиптешинин пикирин депутат Авасбек Момункулов да колдойт. Анын айтуусунда, бюджеттин кыйла акчасы аткаруу бийлигине жумшалат.

- Мен бир нерсени эле айтайын. Жанагы депутаттар айтып аткан өкмөт менен президентке бөлүнгөн бюджет Жогорку Кеңештикине караганда көп дегендин чындыгы бар. Аны бюджетти карaсаңар деле турат. Парламент бюджетине 300 миллион сураптыр деп атышпайбы. Беш жылда бир эле жолу ушундай бюджет болот. Себеби мурунку депутаттардан калган машинелер эскирди да. Ошондон көп акча чыгып атпайбы. Машинеге делген акчанын суммасы алынса эмдиги жылкы парламент бюджети башкача болот. Азаят. Бирок ошого карабай бая күнкү талкуудан кийин Жогорку Кеңештин бюджети 185 миллионго кыскарды. Бул жерде негиз бар. Тигилердики көп, биздики аз деп айтканга. Ал эми жанагы айлыкты депутаттар үчүн көбөйткөн жокпуз.

Чоң талаш-тартыш, кызуу талкуу менен бекитилген мыйзамдын аткарылышы кандай? Бюджеттик акчалардын кыйласы уурдалып, айрым мансаптуулардын чөнтөгүнө түшүп кеткени деле жашыруун эмес. Марат Султанов акчанын аз гана бөлүгү түздөн-түз уурдалат, калганы негизинен өз ара эсептешүү, мамлекеттик сатып алуу учурунда сол чөнтөккө түшүп кетет дейт.

- Уурдоонун эң негизги механизми бул биринчиден, өз ара эсептешүүлөр. Акча ордуна товар бергенде анын баасын көтөрүп, макулдашып акча табышат. Мен, мисалы каржы министрлигине келгенде товар менен өз ара эсептешүүнү токтотком. Жарым жыл андай болгон эмес. Ошондо салыкчылар да, бажычылар да планды аткара албай жаман кыйналышкан.

Дагы көйгөй маселе, бюджеттик акчанын кыйласынын башкаруу аппаратын кармоого жумшалышы. Аткаминерлердин саны азайгандын ордуна жыл сайын аз-аздан көбөйүп баратат. Бул көрүнүш мурдагы-азыркы бийлик тушунда көнүмүшкө айланууда. Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров башкаруу аппаратын кыскартуу ириде артыкбаш тизимдерди жок кылуудан башталышы керек деп эсептейт.

- Биздики төрт баскычтагы башкаруу – республика, облус, район, айыл өкмөтү болуп өтө чоң болуп кетти. Элди кыйнап атканы – биздин башкаруу принциптерибиздин илгерки Советтер Союзундагыдан бери өзгөрбөй калгандыгы. Ошондуктан биз эки баскыч, алгач үч баскычтагы башкарууга өтөбүз деп турабыз. 23 миңге жакын чиновниктерибиз бар. Ошолорду биринчи жылы бир 5 миңге кыскартсакпы деген оюбуз бар. Мен ойлоп атам, Кыргызстанга 10 миңдин тегерегиндеги эле чиновник жетишет.

Кийинки кездери экономикалык маселелерди арай көз чарай талкуулаганга караганда саясий талаш-тартыштардын күнү тууп, аткаруу менен мыйзам чыгаруу бийлигинин сердымагы күчөп баратат. Экономикага көңүл буруу маселеси андайда баам сыртында калары турулуу иш го.

«ТАСМА»: ДҮЙНӨЛҮК ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДЫК “АРТ ХАУС” КИНОСУ, СЭМ КЛЕБАНОВ МЕНЕН МАЕК

Төрөкул Дооров, Прага. Эми назарыңыздарда «Азаттыктын» «Тасма» программасы. Бул жолу берүүнүн автору Төрөкул Дооров дүйнөлүк кинематографтогу “арт-хаустук”, же көз-карандысыз кино жөнүндө сөз кылат. Сиздер, ошондой эле, автордук кино дүйнөсүндө белгилүү Сэм Клебанов менен интервьюну угуп, Кыргызстандагы автордук кино жөнүндө Жаннат Токтосунованын макаласын тыңдай аласыздар.

«ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОР» - БИЛИМ, ИЛИМ ЖАНА ЖАШТАР САЯСАТЫ МИНИСТРИ ДОСБОЛ НУР УУЛУ КОРРУПЦИЯНЫ КАНТИП ООЗДУКТАЙТ, БИЛИМ САПАТЫН КАНТИП КӨТӨРӨТ?

ПРЕЗИДЕНТ БАКИЕВДИН АР-НАМЫСЫН КОРГОП БАШ ПРОКУРОР СПИКЕРДИ СОТКО БЕРИШИ ЫКТЫМАЛ

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Президенттин ар-намысына жана беделине акараат келтирген сөзү үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Ө. Текебаевди сотко берүүгө тийиш. Бул жөнүндө башкы прокурор К. Конгантиев 9-февралда парламент жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев парламент спикери Ө. Текебаев 7-февралда депутаттар алдында сүйлөгөн сөзүндө президент К. Бакиевдин ар-намысына жана иш беделине доо келтирген орой сөздөргө жол бергендигин айтып, төраганын сөзүн сөзмө-сөз кайталап берди. Баш прокурордун айтымында, спикердин бул сөзүндө коомдук жайда экинчи бир адамдын ар-намысына, беделине шек келтирген кылмыштын белгилери бар:

-Өмүрбек Текебаевдин сөзүндө КР кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери жатат. Кемсинтүү же башкача айтканда, бөлөк адамдын ар-намысына, беделине атайылап орой түрдө коомдук жайда шек келтирүү—коомдо кабыл алынган эрежелерге өтө каршы келген кылмыш. ЖК төрагасы Өмүрбек Текебаевдин президент Бакиевди кемсинтип сүйлөгөн сөзү бул белгилердин баарын камтыйт.

“КР президентинин ишмердүүлүгүн коргоо” боюнча мыйзамдын 4-беренесине ылайык мындай учурларда башкы прокурор Президенттин ар намысын жана иш беделин коргоо үчүн сотко кайрылууга тийиш. Башкы прокурор мыйзам талап кылгандай Жогорку Кеңештин төрагасын сотко берүүгө милдеттүү болорун билдирди: -Мен Башкы прокурор катары мыйзамдын талабын аткарууга милдеттүүмүн.

Баш прокурор ошондой эле соңку мезгилде парламент тарабынан тиешелүү иштер аткарылбай жаткандыгын белгилеп, төраганын деструктивдүү ишмердиги парламент менен президенттин жана өкмөттүн ортосунда пикир келишпестиктерди күчөтүп жаткандыгын, мунун арты бийлик бутактарынын ортосунда кризиске алпарса анда Президент парламентти таркатууга аргасыз болорун да эскертти:
-Бул кырдаал Башмыйзамдын 60-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, КР президенти тарабынан Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатууга негиз болуп берүүсү мүмкүн.

Башкы прокурордун минтип эскертүүсү көпчүлүк депутаттардын каршы пикирин туудурду. Айрым депутаттар анын мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып жатканын белгилешти. Депутат Азимбек Бекназаров прокурордон мындай эскертүүнү президентке да берүүнү талап кылды:
-Президенттин ар-намысын коргогонуңуз туура. Бирок Жогорку Кеңешке минтип эскертүү бергениңиз - сиз укугуңуздан аша чаап кеткениңиз. Мен депутат катары, эл өкүлү катары сиздин бул эскертүүңүздү кабыл ала албайм. Муну Жогорку Кеңешке жасалган кезектеги чабуул деп эсептейм. Анда депутаттарды тактеке деп кемсинткени үчүн президентке да эскертүү бериңиз.

Башмыйзамда жазылгандай бийлик бутактарынын ортосунда кандайдыр бир карама-каршылыктар жана чечилбеген маселелер болсо, президент парламентти таркатуу тууралуу суроону референдумга коюуга укуктуу. Депутат Темир Сариевдин сөзү боюнча, эч кандай органдын бийликтин бир бутагына террор кылууга акысы жок:
-Башкы прокурордун келип, минтип эскертүү бергени-өзүнүн укугун жогорулатып жибергени. Бир да адам, бир да мамлекеттик орган бийликтин бир бутагын минтип террор кылып, кандайдыр бир коркунуч туудуруп, кандайдыр бир шарт коюуга эч кимдин акысы жок. Анын үстүнө парламент мыйзам чыгаруучу эң жогорку орган. Бул жерде бир адам отурган жок, жетимиш беш адам отурат. Жетимиш беш адамдын артында бүтүндөй эл турат.

Башкы прокурордун парламентти таратуу тууралуу айтып кеткен эскертүүсүн кимдир-бирөөнүн тапшырмасы деп санаган депутаттар да жок эмес. Мындай пикирин депутат Султан Урманаев билдирди:

-Бул башкы прокурордун оозунан чыга турган сөз эмес. Мындай болууга мүмкүн эмес. Мен бул жерде кимдир-бирөөнүн тапшырмасы гана аткарылды деп эсептейм.

Президентти эл шайлаган, ошондой эле парламенттин өкүлдөрү да эл тарабынан шайланып келишкен. Ошондуктан, бийликтин бул эки бутагынын мамилеси оңолууга тийиш деп эсептейт депутат Кубанычбек Исабеков:

-Эки бийликтин бири-бирине болгон мамилеси оңдолууга тийиш. Азыр бири-бирин коркута турган мезгил эмес. Андан көрө бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, экономиканы көтөрүүнү, элдин биримдигин ойлоп чогуу иштешибиз керек.

Бийликтин эки бутагында отурган жетекчилердин өз ара пикир келишпестиктери минтип коомчулукка чейин ачык чыгып кеткен учур Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери жана ага чейин да болгон эмес. Буга чейинки президент да, спикерлер да бул жагдайда өздөрүнүн сабырдуулугун көрсөтүп келишкендиги белгилүү. Жогорку Кеңештин учурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаев үч жолку чакырылыштан бери депутат болуп шайланып келе жатат.

ООЗДОН ЧЫККАН СӨЗ – УЧУП КЕТКЕН ЧЫМЧЫК

Апта соңундагы маалымдоо каражаттарында кызуу талкууга алынган тема парламент спикеринин президент дарегине айткан ачуу сөзү болду. Айрым басылмалардын ырасташынча, бийлик башчыларынын ортосундагы ачык-тымызын тирешүүнүн салакасы жалпы ишке да тийип, кыйла убакыт саясий талаш-тиреш менен өтүүдө.

Калтыс кырдаалда турган Кыргызстанга кандай идеология керек? Анын улуттук же мамлекеттик деп аталышынын айырмасы барбы? Бул суроого жума күнкү «Кыргыз туусу» гезитинде Папан Дүйшөнбаев жооп издеген.

«Мен сага, сен мага деген, мектептердеги баалардан тартып, депутаттык, министрлик орундарга чейин сатылган, ким көбүрөөк уурдаса, ошол туура деген коомго эч кандай идеологиянын деле кереги жок. Андай коом социалдык чоң апаатка учурап» жагдай өзгөргүчө өзүнүн психологиясы менен эле мамыр-жумур жашай берет, деп белгилейт П.Дүйшөнбаев «Идеология улуттукпу же мамлекеттикпи?» деген макаласында.

Ө.Текебаевдин президент тууралуу айткан сөзү 9-февралдагы парламент жыйынында кандай бааланганы жума күнкү «Аалам» гезитиндеги Аида Надырбекованын «Текебаевдин отставкасы, Конгантиевдин каары, Бекназаровдун баасы» деген макаласында баяндалган. Гезитте парламент тууралуу окурмандардын пикирине да орун берилген.

Саясий талаш-тартыш Кыргызстанда жазга жуук күчөй баштаганын жума күнкү «Кыргыз руху» гезитинде Жазгүл Масалиева талдоого алган.

«Эл күткөн бийлик бутактарындагы реформа, коррупция менен бюрократияны жоюу сындуу убадалар аткарыла элек. Ошол эле мезгилде аткаруу бийлигинен алыстап, жоопкерчиликтен кутулган кээ бир «революционерлер» 24-марттын жылдыгына даярданып жатат. Бир жылдык мөөнөт бүттү, а элге кандай жооп болот», деген суроону коет макала автору.

Ушул эле басылманын ырасташынча, президент К.Бакиев спикер Ө.Текебаевдин сөзүнө катуу таарыныптыр. Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Нарынбаев Жогорку Кеңеш төрагасынын айткан сөздөрү эч кандай этикага жатпайт, президенттин мындан ары спикер менен кызматташтыгы мүмкүн эместигин билдирди, деп маалымдайт гезит.

Жума күнкү «Жаңы ордо» гезитинде жарыяланган маегинде депутат К.Ташиев: «Бул Өмүрбек Текебаевдин өтө чоң саясий катасы болуп калды», деген пикирин билдирген.

Басылманын ушул эле санында «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев Бакиев-Кулов тандеми кандай түзүлгөндүгү тууралуу ой жүгүрткөн.

«Кулов, Текебаев, Баековалар Бакиевге тандемди таңуулаган. Осмонов кошулган, кол койгон. Тандем болбосо түндүк-түштүк маселеси күчөйт» деп кыйкырып атып таңуулаган», дейт Топчубек Тургуналиев.

«Ө.Текебаев жаштык кылып биртоп катачылыктарды кетирип койду. Бирок анын ордуна башка төрага болсо деле ошол эле катачылыктарды балким кетирмек. Бирок азырынча Текебаев эле төрагалык кылып турганы балким дурустур», дейт депутат Ж.Сатыбалдиев «Жаңы ордо» гезитиндеги маегинде.

Парламентте талаш-тартыштын казаны кайнап атыр, жаманаттысы спикерге жүктөлүүдө, деп жазат жума күнкү «МСН» гезитинде Лариса Ли. Журналист Вячеслав Тимирбаев Ө.Текебаевдин кызматын таштап кетүү тууралуу билдирүүсүн дагы бир каршылык көрсөтүү же кезектеги рекламалык оюн катары баалаган.

Чет жерде иштеп жүргөн кыргызстандык мандикерлердин турмушу анчалык эле жаман эмес, бирок да айрымдар айткандай, жыргап кеткен деле жери жок , деп маалымдайт Түштүк Кореяга барып келген журналист Лариса Ли. Ал эми Чүй облусундагы Орловка шаарчасынын жанынан жергиликтүү эл түстүү металл – кремний издеп, таштандыны аңтарып, жугуштуу оору жугузуп алуу коркунучуна карабай тиричилик өткөрүп жатканы жума күнкү «Бишкек таймс» гезитиндеги Айгүл Бакееванын репортажында баяндалган.

Жума күнкү «Агым» гезитинде Семетей Талас уулунун «Бакиев. Шералы хан. Эски чокой» деген макаласы жарыяланды. Кокон ханы менен жалпы эл шайлаган президентти салыштыруунун жөн-жайын автор момундайча түшүндүрөт.

«Анткени ыңкылапчы бийликтин 10 айдан бери кылган-эткени көпчүлүктүн көңүлүнө толбой туру», деп жазат С.Талас уулу.

«Соңку кырдаалдардан улам менде мындай сунуш пайда болду,- деп жазат Асланбек Сартбаев.- Бакиев намыстанбай эле Жанузаковду, Жумалиевди, Ибраимовду, Дүйшөбаевди, дагы башка эски бийлик өкүлдөрүнөн кеңешчи кылып, атургай кызматка албайбы. Дегеним, алар төңкөрүш «шамалын», залалын көрүп калган адамдар да». А.Сартбаев ушул адамдар кызматка алынса гана Кыргызстан экинчи төңкөрүшкө кабылбайт деп эсептейт.

КООПСУЗДУК КЕҢЕШ : ТАРТИП КОРГОО ОРГАНДАРЫ РЕФОРМАЛАНАТ

9-февралда коопсуздук кеңештин жыйыны болуп, анда эки маселе каралды. Жыйын соңунда сөз сүйлөгөн президент Курманбек Бакиев тартип коргоо органдары реформаланаарын билдирип, өлкөнүн бийлик системасы боюнча өз көз карашын жарыялады.

Президенттин төрагалыгы астында өткөн коопсуздук жыйынында жер жана башка бирөөлөрдүн мүлкүн басып алууга жол бербөөнүн чаралары, тартип коргоо органдарынын жетекчилеринин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча маалыматы угулду.
Жыйын жабык эшик артында өтүп, журналисттерге президенттин корутунду сөзүн угууга гана мүмкүнчүлүк берилди.
Анда Президент өлкөдөгү кылмыштуулук маселесине карата мындай оюн билдирди:

Бизде кылмыштардын көбөйүшү, өзгөчө мотивдери ачык байкалбаган чуулгандуу кылмыштардын өсүшү, мамлекеттин криминалдашы тууралу мифти күчөтүү-мамлекетте туруксуздукту сездирип, жаңы бийликти жаманатты кылып, ал эми тартип коргоо органдарын толук жаманатты кылууну көздөп жаткандыгы тууралуу жетиштүү негиздер бар. Биз азыр бул саясат кайдан чыгып жатканын, ал кимдин кызыкчылыгында экенин иликтеп жатабыз.

Президенттин пикиринде, бул мифти мурунку бийлик учурунда мыйзамсыз жолдор менен байыгандар чыгарып жатат. Бирок бул кылмыштуулукка каршы күрөш дурус жүрүп жатат дегенди билдирбейт. Тартип коргоо органдарынын натыйжасыз ишине мындан ары чыдоого болбойт. Ошондуктан аларды реформалоонун концепциясын иштеп чыгуу Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболовго тапшырылды.

-Менин оюмча, милициядан тартып, сот органдарына чейин реформалоонун мезгили келди. Мен тартип коргоо органдарын реформалоо боюнча жардык чыгарам. Ал боюнча топтун башчылыгына Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов башында турган топ түзүлөт. Байболов бир айдын ичинде концепция иштелип чыгаарын билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын бийлик системасы жана конституцияны реформалоо тууралуу буларды билдирди:

Менин оюмча, референдумду күтпөй эле конституциялык жараянды күчөтүш керек. Парламенттеги акыркы окуялар жоопкерчилиги бар бийлик системасын түзүүгө багыт алуу зарылдыгы тууралуу мендеги ойду ого бетер күчөттү. Муну авторитаризмди күчөтүү катары кабылдабаш керек. Америкада эмне демократия жокпу? Президенттик республика. Бул деген күчтүү президент жана күчтүү парламент.Ар бири өз ишине жооп берет. Анда жоопкерчилик президент менен премьер-министрдин ортосунда чаржайыт кетпейт.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов тартип коргоо органдарын реформалоо боюнча президенттин сунушун кабыл алганын билдирди:

Ооба, президент жөн айтпайт да. Макулдашылган нерсе. 2002-жылы кыскача концепцияны иштеп чыкканбыз. Бирок ал ошол бойдон калып, ишке ашырылган жок. Азыр эми чакан комиссия түзүп, бир айдын ичинде концепцияны иштеп чыгабыз.

Бул ирет да ал ишке ашпай калбайбы деген суроого Байболов минтип жооп берди:

Себеби мен президент менен макулдаштым. Ал комиссиянын курамын мен өзүм түзөм. Мен ушундай шарт койдум. Андан кийин иштелип чыккан концепцияны президентке сунуш кылабыз.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов президенттин коопсуздук кеңештеги сөзүн кескин сынга алып, бул тартип коргоо органдарынын алсызданышына алып келет, ал эми тартип коргоо органдарын реформалоо боюнча комиссия түзүүдөн натыйжа чыкпайт деген пикирин билдирди:

Билесиздерби, мындай комиссиялар буга чейин да түзүлүп келген. Андан эч нерсе чыккан эмес.Керек болсо ИИМди УКК деп атайлы, бири-бирине кошойлу, бирок андан майнап чыкпайт. Уюшкан кылмыштуулук, коррупцияга каршы күрөш үчүн саясий эрк керек.

АВТОБУС МЕНЕН АЖЫГА КЕТКЕНДЕР ПОЮЗ МЕНЕН КАЙТЫП КЕЛИШТИ

Автобус менен ажыга кеткендердин алды Кыргызстанга кайтып келе башташты. Мындан 49 күн мурда Бишкектен Мекеге автобуста жөнөшкөн зыяратчылар тобу 9-февралдын таңында Бишкекке поюз менен кайтып келишти.

Эң кызыгы, «Ислам ру» интернет-сайдынын маалыматына таянышып, Кыргызстандын көптөгөн маалымат каражаттары Саратов-Сызрань трассасында кыргызстандык ажылардын автобусу бир жума мурда аварияга учурагандыгын, бирок адам өмүрү кыйылбагандыгын 8-февраль күнү биринен сала бири саймедирешкен эле. Бишкекке кайтып келишкендер - так ошол автобуста Сызранга чейин түшүп келишкен ажылар экен. Алар автокырсык тууралу маалыматтарды дароо эле төгүнгө чыгарышты.

-Жок, жолдон автобус тайгаланып четке чыга түшкөн. Эч кандай авария деле болгону жок, эч ким жабыркаганы деле жок,-деди ажы башчы Искендер Калмуратов.

8-февралда таратылган маалыматты Мухтар-ажы Жусупбеков да таңгалуу менен кабыл алды жана окуяга байланыштуу айрым нерселерди кошумчалады:

-Ошо биздин автобусту айтып атышкан тура. Саратовдо авария деле болгону жокпуз. Жолдон бир аз чыгып барып, күрткүгө сайылып калганбыз. Автобустун маңдайкы айнегине гана бир аз жарака түштү. Ошол жердеги Орусиянын МЧС кызматкерлери жардам берип, жолго салып коюшту анан.

Автобус менен кеткен ажылар эмне үчүн поюз менен кайтып келишти?

-Саратовдон өтүп, Сызранга келгенде автобусубуз бузулуп калды. Оңдолушун күтүп 4 күн күтүп жаттык. Ишеним болбогон соң баарыбыз Москва-Бишкек поюзуна белет алып, тынч-аман баса бердик. Белет 1800 рублден экен,- деди ажы башчы Искендер Калмуратов.

Ал эми Айзада-ажы Мусаева орусиялыктардын, тактап айтканда, сызрандыктардын кайрымдуулугуна өзгөчө ыраазы:

-Эч кандай авария-не болгону жокпуз. Автобусубуз бузулуп калганда, анда дээрлик көпчүлүк аялдар болгондуктан, жергиликтүү бийликке кайрылып, аялдар үшүп-тоңуп атат, жардам бериңиздер десек, бир аял, бир чечен жигит келип, баарыбызды ошол жердеги маданият үйүнө алпарып жайгаштырышты.Баягы Арслан деген чечен жигит - мусулманчылыкты катуу карманган бардар неме экен, бизди аябай мейман кылды. 4 күн бою тамак-ашыбыздан бери көтөрүп, 40 чамалуу кишини кадимкидей бакты. Үч маал ысык тамак!

Айзада-ажы Мусаева ажылык сапарындагы оор учур катары Осетия ашуусундагы чилде-суукту, ал жердеги аскердик катуу көзөмөл-сүрдү эсептейт жана убагында ажылыктын башкы белгиси Арафат тоосуна жеткендигине ыраазы. Мухтар-ажы Жусупбеков болсо орусиялык бажы кызматкерлеринин паракорлугуна кейийт жана Кыргызстандан ажыга автобус менен жөнөп, бирок ажылык ибадатка өз убагында жетпей калгандарды аяйт.

БАЗАР КОРГОНДО ТЕКЕБАЕВДИН ТАЛАМДАШТАРЫ МЕНЕН КАРШЫЛАШТАРЫ ЖААТТАШЫП МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ

Ырыспай Абдраимов, Бишкек Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүүсүн жана парламентти таркатууну талап кылып миңдей адам катышкан нааразылык акциясы бүгүн Базаркоргон районунда болуп өттү. Бир эле учурда парламент спикеринин таламын талашкан кырктай адам өзүнчө митинг өткөрүп, Текебаевди каралоо акциялары атайын уюштурулуп жатат деп айыптап чыгышты.

Райондун борборунда болгон митингдин алдында «Текебаев, эл сени сотко берет! Текебаев эл алдында жооп бер! Сага парламенттен орун жок! Өмүрбек Текебаев-спикерликке татыксыз, Бакиевдин саясатын колдойбуз!» деген бир нече тасмалар турду. Митингди уюштуруучулардын төрайымы Аптоокан Борончиева парламенттин таркатууну жана спикер Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылды:

- Подвалда жаткан жетим балдарды, уурулуктан түрмөгө түшүп аткан балдарды колдосун. Ошол жаш, наристе балдардын колдоосу менен Текебаев ушул даражага жеткен. Бир эмес үч жолу депутат кылып шайладык, элди, журтту, карыган ата-энесин сыйласын. Айланайын иним, элди, журтту бөлбөгүң. Парламент таркасын. Текебаев отставкага кетсин.

Чыгып сүйлөгөндөр парламент өз милдетин аткарбай, саясий оюндарга көп азгырылып жатканын белгилешти.

- Парламентте отуруп алып саясат менен гана жүрүш керек эле. Менин айтайын деген сөзүм, Текебаев, Мелис Эшимкановго парламентте орун жок,-деп айтты Жаныш Кочкорбаев аттуу тургун.


- Парламенттин иши бир жылда кырк гана документ чыгарыптыр. Булар саясатка өтүп алды. Эл менен иши жок, ошон үчүн Текебаев баш болуп парламент таркатылсын,- деди митингге келген ардагер Капар Арапов.

Чыгып сүйлөгөндөр бийликтин иштөөсүнө депутаттар мүмкүнчүлүк бербей жаткандыгын белгилешти. Трибунага чыккан «Ата мекен» партиясынын өкүлү Сеит Кадырбековго сөз тийген жок. Ал Өмүрбек Текебаев айткан сындан президент Бакиев туура жыйынтык чыгарса, ишке өбөлгө болорун айтмакчы болгон:

- Текебаевди 70 пайыз эл шайлаган. Кечеки Текебаевдин Бакиевге айтканы бул сын, сынды дайыма туура кабыл алыш керек. Ал эми президент сынды туура кабыл алса мындан ары иши жакшы болуп кетет.

Кадырбековдун партиялашы Маматкасым Нураев акциянын бир жактуулугуна капа болду:

- Бизге сүйлөгөнгө уруксат бербей атат. бул жердеги адамдар уюшулуп келген. Биз сүйлөйлү десек бизге микрофон бербей койду.

Жаатташкан тараптар өз ара микрофон талашып, чырдаша да кетишти.
Базар Коргон районунун тургуну Алманбет Арзиев депутаттын жактоочуларынын жосуну туура эмес деп айыптады:

- Тынчтык митингисин уюштурганбыз Базаркоргон калкы. Бирок Текебаевдин адамдары келип туура эмес кылып, тынчтык митингди бузуп атат. Мен Текебаевге нааразымын, себеби партиясындагы мүчөлөрү келип бизге каршылык көрсөтүп атат. Бул туура эмес, азыркы шартка туура келбейт. Анткени, элдин тынчтыгын бузуп атабыз.

Спикерди жактаган 39 киши сөз тийбегендиктен өздөрүнчө бөлүнүп митинг өткөрүштү. Алар бийликтин саясий-экономикалык багытын сындап сүйлөштү. Алар Жогорку Кеңеш жана Өмүрбек Текебаевди каралоо үчүн бир жактуу уюштурулган саясий акцияларды айыпташты.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ КЫЗМАТТАН ЧЕГИНҮҮ ЖӨНҮНДӨ ОЙЛОНУП ЖАТАТ

Кызматынан кетүү жөнүндө жеке өзүнчө чечим кабыл алганы жөнүндө парламент спикери АкиПресс агенттигине бүгүн билдирген. 8-февралда Өмүрбек Текебаев кызматынан чегинүү маселесин парламенттеги ымаласы жакшы депутаттар жана фракция жетекчилери менен жабык эшиктин артында талкуулап, сүйлөшүү жүргүздү.

Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин кызматтан чегиниши жөнүндө маселе анын кечээ парламент жыйынында Президент К. Бакиевдин дарегине айткан катуу орой сөздөрүнөн кийин чыгып отурат. Спикердин Президент дарегине айткан орой сөздөрүн депутаттар туура эмес табышып, Президенттен кечирим суроо тууралуу кенеш берип жатышканын депутат К. Исабеков билдирди:

-Өмүрбек Текебаевдин кечээ трибунадан туруп, президенттин дарегине карата айткан сөзүн туура эмес деп табам. Муну мен анын өзүнө да сессия жүрүп жаткан мезгилде барып айттым. Ал мындай кылбоого тийиш эле. Азыр бири-бирибиз менен кагылыша турган учур эмес. Биз андан көрө биргелешип иштеп, Кыргызстандын экономикасын оңдоого, жазгы талаа жумуштары тууралуу ойлонууга тийишпиз,- деди Кубанычбек Исабеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин кызматтан чегинүү ыктымалдыгы тууралуу депутаттардын арасында кызуу сөз болууда. Депутат Темир Сариевдин айтымында жыйындагы айтылган сөз спикердин отставкага кете турганына негиз болуп бере албайт:
-Биринчиден анын кечээки айткан сөзү Жогорку Кеңештин расмий жыйыны баштала электе айтылган. Экинчиден ал төрага болуудан мурун депутат дагы болуп саналат. Ошондуктан, ал кандайдыр бир кызуу кандуулукка алдырып, өз пикирин билдирип койду, бирок бул сессия баштала электе болгон.

Бир катар депутаттардын айтымында саясатчылардын арасында кызуу кандуулук менен айтылган катуу сөздөр көп эле кездешет. Депутат Азимбек Бекназаровдун сөзү боюнча, бул иш жүзүндө боло бере турган көрүнүш:

-Саясатта саясатчылар кызуу кандуулукка алдырып, анча-мынча элге жакпаган, кимдир-бирөөлөргө жакпаган сөздөрдү айтып кое беришет. Бул болуп келе жаткан нерсе. Кээде президент өзү деле туура эмес сүйлөп коет. Менимче Текебаевдин кечээки сөзү анын кызматтан чегинүүсүнө негиз болуп бере албайт.

Кээ бир саясатчылар Жогорку Кеңештин төрагасынын кызматтан чегинүү тууралуу өз алдынча алган чечимин жигиттик сапат деп баалап жатышат. Депутат Мелис Эшимкановдун пикиринде Өмүрбек Текебаевдин бул кадамы анын өз позициясынан жазбагандыгын көрсөтөт:

-Мурунку президент Акаевдин тушунда да Өмүрбек Текебаев оппозицияда жүргөн. Аны ошол жакка сатылып кетти деп, жөнү жок күнөөлөп жүрүшөт. Бул калп. Былтыр 24-мартта баш-аламан болуп жаткан мезгилде да ал өз позициясынан тайбай, эң туура жолдо жүргөн.

Президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев жергиликтүү маалымат каражаттарына ЖК төрагасынын президенттин дарегине карата багыттаган ушундай сөзүнөн кийинки кызматтан кетүү тууралуу демилгесин жөндүү деп эсептээрин билдирген.

Парламенттеги тартип боюнча ЖК төрагасынын кызматтан кетүү чечими күн тартибине коюлуп, депутаттардын добушуна ылайык чечилет. Эгерде спикердин кызматтан кетүү тууралуу чечимине 38 депутат каршы болсо, анда анын кетүүгө укугу жок болот.

Өмүрбек Текебаев кызматынан чегинүү жөнүндө өзү расмий түрдө билдирүү жасай элек. Төраганын маалымат катчысы Залкарбек Камаловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул маселе тууралуу Өмүрбек Текебаев 14-февраль күнү маалымат жыйынында толук маалымдамакчы.

ЖАҢЫ КЕНГЕ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЭЛДИН КУБАНГАН ЖЕРИ ЖОК

«Кумтөр» алтын кенине жакын жерден ири запастын табылышы кыйладан бери келаткан талаштуу маселени дагы күчөтөт окшоп калды. Буга чейин алтын кенинен түшкөн пайданы бөлүштүрүү үмүтү менен жашап келген кыргыз өкмөтү жаңы табылган кенди иштетүүнү дагыле канадалык компанияга береби же жаңы тендер жарыялайбы? Өкмөт ушу тапта «Центерра Гольд» компаниясынын акциясынан түшкөн акчаны кайда жумшоону ойлонууда.

8-февралда парламенттин депутаты Кубанчбек Исабеков анын сунушу боюнча Жетиөгүз райондук салык инспекциясы «Кумтөр» алтын ишканасына каршы Бишкектеги райондор аралык экономикалык маселелерди караган сотко эки доо-арыз менен кайрылганын маалым кылды:

- 13 жылдан бери «Кумтөр» алтын кени иштеп жатат. Бул убакыттын ичинде жерди ижарага алганы үчүн 302 миң сом эле төлөнгөн. Ошол эле маалда жер салыгына бир да тыйын төлөнгөн эмес. 47 миллион сомго сотко берилди, 47 тыйын төлөнө элек. 30 миллион доллар айлык акы фондусу болсо, ошонун 17 миллион долларын чет элдик жарандар, иштегендердин 5% гана алып атат. Ошол эле кызматты жасап аткан, андан көп жумушту иштеп жаткан биздин жарандар болсо калган 13 миллион долларды алып жатышат.

К.Исабековдун ырасташынча, «Кумтөр» алтын кенинин запасы азайып баратканда өкмөттүн макулдугу менен жаңы кен чалгындоо иштерин жүргүзгөн «Кумтөр Оперейтинг компани» аткарган ишинин баасын өтөле кымбат көрсөткөн.

- Дагы 71 тоннадан ашуун алтын кен запасы табылды. «Кумтөр» дүйнө жүзүндөгү алтын кенинин запасы боюнча эң ири 10 алтын кендин катарында турат. Дагы изилдөө иштери жүрүп жатат. Мындан да жаңы кендин запастары табылышы мүмкүн.

Жаңы өкмөттүн ушу таптагы аракети «Кумтөр» алтын кенинин акциясынан түшкөн акчаны кантип пайдаланууга багытталууда. Премьер-министр Феликс Кулов жыл сайын 15 – 20% көтөрүлүп аткан акцияларды кармап отуруу дуруспу же андан түшкөн пайданы элдин турмушун жакшыртууга жумшоо керекпи суроосун көпчүлүк алдында такай белгилеп келатат:

- Жакшы долбоорлор керек. Долбоорлор иралды алынган акчаны кайтарып бере алгыдай болсун, экинчиден экономиканы көтөрүүгө салым кошуусу зарыл. Жөнөкөй эсеп менен деле көрсөтсө болот. Долбоорлорго бөлүнчү акча бар. Бул «Центерранын» акчасы. Азыр унциянын наркы 600 жакын долларга чыгып калды. Айрымдар бул баа жакын арада 1000 долларга чыгат деп болжолдоодо. Азыр мисалы, акция 10 миллион доллар болсо, аз өтпөй ал дагы көтөрүлүшү мүмкүн. Болжолго караганда 300 миллионго чейин чыгышы ыктымал. Маселе мында турат, биз алтындын кымбатташын күтүп отурсак да болот. Алтын отургучта кезерип ачка отурсак деле болот. Бул бир жолу.

Өкмөт башчы экинчи жол катары сыпаттап аткан ыкма деле жөнөкөй. Акциянын акчасын төмөн үстөк пайызы менен өнөр жай, айыл чарба өндүрүшчүлөрүнө берүү туура болор эле. Ф.Кулов мындай шартта өкмөт кыйла пайдадан куржалак калышы мүмкүн деп эсептейт. Бирок да акча иштеп, жумушчу орундар табылып, андан да карыз акча кайтарылса андан көпчүлүк утуш алмак. Өкмөт башчы «Кумтөрдөн» түшкөн акчаны антип коммерциялык банктарга берип, төмөн үстөк пайызы менен ишкерлерге сунуштап жатышынын себеп-жөнүн Эларалык валюта корунун талабына байланыштырууда. Ал уюм ушу тапта Улуттук банкта турган 84 миллион доллардын 16 миллионун гана жыл сайын пайдалануу талабын коюуда. Непадам чоң акча бюджетке түшүп, айлык маянаны көтөрүүгө же дагы бир максатка жумшалып кетсе улуттук сом эмиссияга учурашы ыктымал.

Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев өкмөт ушу тапта «Жерүй» кени боюнча так чечимге келе албай, «Кумтөрдөн» кетирген мүчүлүштүктөрүн дагы кайталаганы туру деген пикирде.
- Бул кендин экономикалык натыйжалуулугу «Кумтөрдөн» жогору. Мен бир санды айтып коеюн. 8 жыл ичинде «Кумтөрдөн» казылып алынган алтындын бир граммынан Кыргызстан болгону 3,2 доллар гана алса, алдын-ала эсептөөлөргө караганда «Жерүйдөн» 9 доллар калат.

Быйылкы жылдын экономикалык өсүшүн 8% жеткирүү милдетин алган өкмөттүн өзгөчө үмүт арткан тармагы - тоокен өндүрүшү, анын ичинде «Кумтөр» менен бул жылы ишке киргизилчү «Жерүй» алтын кени болууда.

БАКИЕВ-КУЛОВ ЫНТЫМАГЫ ЫДЫРАП БАШТАДЫБЫ?

Бакиев-Кулов ынтымагы ыдырап баратат деген тынчсыздануулар саясий чөйрөдө улам катуулап чыга баштады. Курманбек Бакиев жана Феликс Куловдун ортосунда саясий тандем март ыңкылабынан кийин саясий стабилдүүлүктүн кепилдиги катары түзүлгөн. Бирок, соңку кезде эки лидердин бири-бирин күнөөлөгөн кайрылуулары ушундай пессимисттик ой-жорууларга себеп болууда.

“Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери Азимбек Бекназаровдун айтымында Бакиев-Кулов тандеминин чыныгы жүзү азыр даана көрүнүп калды. Бул эки лидердин ачыктын ачык бирин бири күнөөлөй баштагандыгы Бакиев менен Куловдун алсыздыгын гана көрсөтпөстөн алар түзгөн тандемдин да алсыздыгын көрсөттү.

“Социал-демократиялык”партиясынын төрагасынын орун басары, депутат Мелис Эшимканов Азимбек Бекназаровдун мындай пикирине кошулат:

Бекназаровдун мындай көз карашын колдойм, бирок тандемде жаракка кетсе Кыргызстанда абал курчуп кетиши мүмкүн. Атуулдук согуштун жыты жыттанып кетет.

Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов 6-февралдагы жолугушууда Кыргызстандагы туруктуулук үчүн тандемди сактоо керек деген бир пикирге келишкен. Ошол жолугушууда премьер-министр Феликс Кулов өлкөдөгү акыркы саясий кырдаал боюнча президент Курманбек Бакиевге кат берген. Анда ал бул тандем мамлекеттин кызыкчылыктарын колдоо үчүн, өлкө ичинде туруктуулукту жана тынчтыкты сактоо максатында түзүлгөндүгүн айткан. “Акыйкат”партиясынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин оюнча тандем өз максаттарын толук жете албаса дагы, бүгүнкү кундө мамлекетте турктуулукту сактап калууда бирден бир инструменти болду.

Өлкө башчысы менен өкмөт башчысы элдин тынчын бузган актуалдуу маселелер боюнча кайрылуулар аркылуу сүйлөшүшү “Асаба”кайра жаралуу партиясы тарабынан дароо сынга алынды. “Эгерде эки лидер Ак үйдүн 7-кабатында бирге олтуруп сүйлөшө алышпаса, анда Ак үйдөн жүздөгөн, миңдеген аралыкта жашаган элдин үнү кимге жетет да, ким угат?”, деп баса белгилеген Азимбек Бекназаров 7-февралдагы билдирүүсүндө. Эки лидердин кат аркылуу сүйлөшүп калганын Мелис Эшимканов дагы сынга алды.

-Бириңер Юпитерде, бириңер Марста отургансып, жетинчи кабаттан бири бириңе кат жазышканды токтотуп тил табышса болмок. Тил табыша албаса, бул экөөнүн гана шору эмес, бүт кыргыз элинин шору болот,-дейт Мелис Эшимканов.

Бир катар саясатчылар Бакиев менен Куловдун саясий тандеми эл күткөн максаттарга жетпей калганын белгилешүүдө.

Бул “союзный” тандем болбой эле, чырдын тандеми болуп калды,- деп айтты коммунистер партиясынын төрайымы Клара Ажибекова. -Анткени эки адамдын ортосунда эки башка күч болуп жатат. Бул жерде күч гана эмес, регион да бөлүнүп кеткендей болуп жатат. Бул жагынан тандем туура эмес түзлгөн деген пикирдемин.

Президенттин чөйрөсү тандемдин айланасында ашкере пессимисттик кеп сөз болуп жатат деп эсептешүүдө. Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Надыр Момуновдун оюнча азыркы мезгилде Феликс Кулов менен Курманбек Бакиевдин тандеми чоң сыноодон өтүп жатат: Саясий партиялардын эрки тандемдин түзүлгөнүнөн билинген да. Чындыгында, тандем азырынча иштеп жатат. Президент Курманбек Бакиев бул өкмөттүн курамы менен аяганы чейин иштейм деп айткан, демек бул тандем бузулбайт дегенди билдирет.

“Прогресс жана акыйкат” саясий партиясынын көрүнүктүү мүчөлөрүнүн бири Ишенбай Абдразаковдун айтымында, мамлекет башчы менен өкмөт башчы биримдикке барып элдин тынчтыгын жана өлкөдө туруктуулукту камсыз кылуу боюнча багыт алышы керек:

Президент да, “мен эле президент болдум” дебестен “эл мага ишенич берди” деген- бул формалдуу түрдө туура, бирок эл ишеничти бир ган адмга эмес, эки лидерге тең берген. Өздөрүнүн ролун артыкча баалап жибербей, бүт акыркы аракеттерин элдин, өлкөнүн алдында турган маселелерди чечүүгө багытташы керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG