Линктер

шейшемби, 23-июль, 2019 Бишкек убактысы 08:57

Кыргызстан

ПАСПОРТ КРИЗИСИ ҮЧҮН КЕНЖЕТАЕВГЕ ПРЕМЬЕР-МИНИСТР СӨГҮШ ЖАРЫЯЛАДЫ

Аманбек Жапаров,Бишкек Маалымат ресурстары, технология боюнча агенттиктин жетекчиси Амангелди Кенжетаевге калкты паспорт менен камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн Өкмөттөн катуу сөгүш берилди. 15-мартта болгон Өкмөт жыйынында премьер-министр бир айдын ичинде паспортторду чыгарып бүтүүнү, аны жер жерлерге жеткирүүдө тиешелүү кызматтарга көзөмөлдүк кылууну тапшырды.

Амангелди Кенжетаев менен катар паспорт маселесин курчутуп жибергендиги үчүн катуу сөгүш ички иштер министринин орун басары Темиркан Субановго да жарыяланды.

Өкмөт жыйынында Премьер-министр Феликс Кулов өлкө атуулдарын паспорт менен камсыз кылууда олуттуу кемчиликтер орун алганын белгиледи:

Паспорт маселесине байланыштуу проблема кризиске алып келди. Ошондуктан бул маселени тез аранын ичинде жөнгө салуу керек. Түзүлгөн кырдаалдан чыгуу боюнча аракеттерди парламент да көрүп жатат. Көптөн бери бул маселе бышып жетилди. Буга көпчүлүк эл да нааразы болууда.


Амангелди Кенжетаев өз кезегинде паспорт маселесиндеги проблемалар акырындан жөнгө салынып келатканын, жалпы кызматтык жана ички паспорттордун, арыз бланкалардын чыгарылышы көбөйтүлө баштаганын маалымдады.

Биздеги негизги проблема заказ берген тарап каржы маселесин убагында төлөбөй жаткандыгында. Учурда биз “Регистру” компаниясына 3 млн. сом беришибиз керек,- деди Амангелди Кенжетаев.

Ички иштер министри Мурат Суталинов паспорт проблемасы мурдагы өкмөттөн “мураска” калганын белгиледи.

Бул проблема мурдагы өкмөттүн проблемасы. Мурдагы башка бийликтин көйгөйү. Бул 2003-жылда эле башталган. Жаңы паспорт жасап чыгарууда Лысогоров деген шылуун Николай Танаевдин колдоосу менен финансылык баш аламандыкка алып келген. Бул фактыны жокко чыгарууга болбойт.

Мурат Суталинов белгилегендей, паспортко байланыштуу иштерди Ички иштер министрлигинен бөлүп, өзүнчө агенттик кылып түзүлгөндөн кийин, ага көзөмөл кылуу жолго коюлган эмес. Атбашы районунда, Кадамжайда, Жалалабад облусунда атуулдарды паспорт менен камсыз кылуу иштеринде олуттуу кемчиликтер бар.

Ички иштер министри паспорт маселесин тыкат иликтеп, өзүнө тагылган милдетти так аткарбаган тиешелүү жетекчилерди кызматтан алып эле жөн болбостон, алардын ишин прокуратурага өткөрүп берип камака алуу керек, деген пикирин билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков паспорт проблемасына байланыштуу парламент тарабынан түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен тааныштырып, тиешелүү министрликтердин, маалымат ресурстары, технология боюнча агенттиктин ишин канаатандырарлык эмес деген баасын берди.

Премьер-министр Феликс Кулов 15-апрелге чейин паспортторду чыгарып бүтүүнү, анын аткарылышына көзөмөл кылууну,көйгөйлүү маселелерди жөнгө салууну тиешелүү кызматтарга тапшырды.

ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕР АКМАТБАЕВДИ СОТ ЖООПКО ТАРТА АЛАБЫ?

Бишкек шаардык соту 15-март күнү Рысбек Акматбаевдин ишин карап баштады. Акматбаев баш болгон тогуз адамды актаган Биринчи май райондук сотунун чечимин талашкан арыз менен шаардык сотко Бишкек милициясынын тергөөчүлөрү кайрылышкан болчу.

Рысбек Акматбаев Балыкчы шайлоо аймагынан ЖК депутаттыгына талапкер болуп катталгандыгы белгилүү. Сот адеп башталганда эле Акматбаевдин адвокаты Рысбек Нагаев анын шайлоого талапкер катары катталгандыгын күбөлөндүргөн кагазын расмий түрдө тапшырды. Адвокаттын айтымында, Шайлоо кодексинин 28-беренесинин 5-пунктуна ылайык, ЖК депутаттыгына талапкердин үстүнөн сот иши болууга мүмкүн эмес.

Сот бул маселе боюнча кеңешип чыгууга убакыт сурап, жараянды келерки шейшембиге жылдырды.

Полковник Алиевдин адвокаты Вероника Максимова Шайлоо кодекси азыркы учурда Акматбаевдин үстүнөн сот ишин жүргүзүүнү токтотууга негиз бербейт деген сөзүн айтты:

-Азыр Акматбаевди кылмыш жообуна тартуу тууралуу сөз болуп жаткан жок да. Биз бүгүн 1-Май райондук сотунун аны актаган чечимин туура же натууралыгын карап жатпайбызбы. Ошондуктан, соттук коллегия муну аныктоого милдеттүү.


Буга чейин кыргыз өкмөтү тарабынан Рысбек Акматбаевдин шайлоого талапкер катары катыша алар-албасын аныктоо тууралуу өтүнүч адилет министрлигине тапшырылган болчу. Министрлик эгер анын соттолгондугу жоюла элек болсо, шайлоого катышууга укугу жок деген жыйынтыгын чыгарып берген. Акматбаевдин адвокаты Нагаев бул ишти сот жана прокуратура гана териштирүүгө тийиш деген пикирде:

-Өкмөт эмнеге буга киришет? Сот бар, башкы прокуратура турат. Мына ушулар иликтесин.

КЫРГЫЗСТАНДА ТУРИСТТЕРДИ ТЕЙЛӨӨ САПАТЫ ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ АЛЫМСЫНДЫРБАЙТ

Чет элдик уюмдар Кыргызстанда туристтерди тейлөөнүн сапатын начар деп сынга алышууда. Бул жөнүндө «Кыргызстандагы туризм жана анын өнүгүшүндөгү эл аралык уюмдардын орду» деген темада 15- мартта Бишкекте болгон тегерек үстөл жыйынында айтылды.

Алгач чет өлкөлүк уюмдардын жана элчиликтердин өкүлдөрү Кыргызстандын кооз жаратылышы,туристтик зор мүмкүнчүлүгү жөнүндө баяндаманы угушту. Ошондой эле эл аралык талаптарга ылайык курорттук жана мейманкана тейлөөсүнүн автоматтык системасын киргизүү долбоору дагы талкууга алынды.

Ысыккөлдө эс алуучулардын 70 пайызын казакстандык туристтер түзгөнү менен былтыр алардын саны азая түшкөн. Мунун себептерин Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Бахтияр Тасимов мындайча түшүндүрдү:

-Биринчиден туристтерди тейлөөнүн сапатын, маданиятын жогорулатуу зарыл. Тейлөө менен баанын айырмасы асман менен жердей болуп турат. Экинчиден, Кыргызстанда жолду оңдоп, жаңыдан салуу керек.жолдор жамаачыланып, талапка жооп бербейт. Анан аба жол каттамдарын дагы жакшыртуу керек. Жолдон чет өлкөлүк автоунааларды себеби жок токтотуп, тоной бермей адатты койуу зарыл. Ысыккөлгө инвестиция алып келүүгө кызыгдар, дилгир казак бизнесчилери арбын. Алардын куруп койгон эс алуу жайларын эртең тартып албайт деп кепилдик болчу мыйзам актыларын кабыл алуу шарт.

Кыргызстанда туристтер үчүн виза алуу жана бажы текшерүүлөрү кыйынчылык жаратып жатканын Азиялык өнүгүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ашраф Малик белгиледи.

Бийлик өкүлдөрү өз кезегинде туризмдин өнүгүшүнө рекламанын жоктугу, кадрлардын билим деңгээлинин төмөндүгү тоскоол болуп жатканын танышпайт. Ошондуктан, бул проблемаларды чечүүгө эл аралык уюмдардан жардам сурап жатканын айтышат.

- Дүйнө коомчулугу Кыргызстан жөнүндө өтө аз билишет. Маалыматтан аксап турабыз. Реклама, маркетинг кызматын колго алууга аракет кылып жатабыз. Ал үчүн каражат керек экен. Түркиянын “Тика” уюму “Кыргызстан- туризмдин өлкөсү” аттуу көркөм түстүү китеп чыгарууга жардам берүүдө. Ошондой эле 15 өлкөгө таратылып жүргөн эл аралык “Да” журналы бир санын Кыргызстандын туризминин көйгөйлөрүнө арнап жатат. Анан дагы туризм кадрларынын билим деңгээли учур талабына жооп бербейт. Кыргызстандын туризм тармагына эларалык уюмдардын жардамы, колдоосу керек болуп турат,-деди Кыргызстандын өнөр жай, соода жана туризм министринин орун басары Турусбек Мамашев.

Чынында былтыр Ысыккөлдө эс алуучулардын саны кескин азайган. Өткөн жылы чет өлкөлөрдөн 650 миң турист Кыргызстанга келген.

Быйыл май айында Бишкекте эл аралык туристтик жармаңке, жайында Соңкөлдө эл аралык фольклордун фестиваль өткөрүлөт.

ҮРӨНДҮН ЖЕТИШСИЗДИГИ ҮРӨЙДҮ УЧУРБАЙБЫ?

Жазгы талаа иштери башталган азыркы учурда дыйкандарды үрөндүн жетишсиздиги кыйла сарсанаа кылууда. Ушу кезге чейин аштык-данды үрөн катары пайдаланган учурлар арбын. Пахтанын лабораториядан өтпөгөн чигиттери Өзбекстандан алынып келинип, дыйкандарга салыштырмалуу арзан баада сатылып жатат. Кыргыз өкмөтүнүн, айыл чарба министрлигинин сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу аракети барган сайын күчөгөн менен – баары бир өз мерчемине жетпей келүүдө.

Айыл чарба министрлигинин айыл чарбаны өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Аскарбек Сагымбаевдин айтуусунда, негизинен бир катар айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү Кыргызстанда жетишерлик.

Буудайдын, арпанын, пахтанын үрөндөрүн даярдоодо гана өксүктөр бар. Жаздык буудай үрөнү 39165 тонна даярдалыш керек болсо, ага 4826 тонна жетпей турат. 20 миң тонна арпа үрөнү керек болсо, ал 3147 тоннага кем. Мерчемделген 3145 тонна пахта чигитине да 504 тонна жете бербейт.

Бул үрөн жетишпестиктерин жарым-жартылай толуктоо максатында бюджеттен дагы 50 млн. сом суралган. Ал акча кокус бөлүнүп кала турган болсо үрөн чарбаларынан буудай, арпа уруктарын сатып алып, дыйкандарга кредитке берүүгө мүмкүндүк ачылат. Бирок, баары бир ал дагы жетишсиз болот.

Албетте, Чоңалай сыяктуу алыскы аймактарда аштык-буудайдан үрөн тазалап алуу мүмкүндүгү жок. Андагы үрөн кыйынчылыгы тууралу фермер Сайдилла Пазылов кеп салды:

-Чоңалай району Оштон 300 чакырым алыс болгондуктан, ал жактан келип үрөн сатып кетүү дыйкандан 2-3 эсе көп чыгымды талап кылат. Борбордоштуруп, жалпы баарын үрөн менен камсыз кыла турган райондун же облустун айыл чарба департаменти дегеле иштебейт. Аларды жоюш керек.

Карасуу районунун Мады айыл өкмотүнүн башчысы Абдымиталип Кочкорбаевдин айтуусунда, пахта үрөнүн даярдоо Кыргызстан үчүн чоочун нерсе болуп баратат, Өзбекстандан алынып келинген, атайын үрөнгө эмес, пахта майын чыгарууга даярдалган чигиттерди дыйкандар базардан сатып алууга, ошолорду эгүүгө аргасыз. Ошондой эле ал арпа, буудай, жүгөрү үрөндөрүн Кыргызстан боюнча которуштуруп эгүүнү уюштурбаган Айыл чарба министрлигине ал таңгалуу менен карайт:

-Чүйдөгү үрөндөрүн сата албай жаткан үрөн чарбаларынын продукцияларын түштүк облустарына жибериш керек. Ошондо түшүмдүүлүк да жакшы болот. Ар ким өзүнүн үрөнү менен эле жүрө берсе жер дагы кабыл албай калат аны.

Ошол эле кезде жер-жерлердеги дыйкандардын бир тобу үрөн пайдалануу жаатында эч кандай жергиликтүү бийликтердин, тиешелүү министрликтин камкордугун, көрсөтмөсүн биле бербейт. Өздөрү үчүн өздөрү гана камылга көрүшүп, аштык буудай-арпаларын сээп көнүп алышкан. Мындай маалымат Айыл чарба министрлигинде да бар. Андыктан үрөндөрдүн дыйкандарга жетүүсүн иликтөөгө байланыштуу май айына атайын иш чара мерчемделип жатат.

Дыйкандарды үрөн менен камсыздоо маселеси Жогорку Кеңеште да каралары белгиленүүдө.

15-МАРТТАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР

Бул күнү Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, 1848-жылкы Венгриядагы революция күнү катары эл эсинде калды.

15-март дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн күнүн белгилөө демилгеси мындан туура 45 жыл мурда көтөрүлгөн болчу. 1916-жылы АКШнын президенти Жон Кеннеди Бириккен Улуттар Уюмунда керектөөчүлөрдүн таламын коргоп, аны төмөнкүдөй төрт принципке бөлүп көрсөткөн: коопсуздук укугу; маалымдоо укугу; тандоо укугу жана айткан ойдун угулуш укугу. Кийин ал: келтирилген чыгымдын өндүрүлүшү; керектөөчүлүк сабатты жою; керектөө коопсуздугун камсыз кылуу; таза айлана чөйрө укуктарын камсыз кылуу талаптары менен толукталган. 1983-жылдын 15-мартынан тарта ал эларалык майрамдар тизмегинде киргизилип, керектөөчүлөрдүн укугун коргоонун Бүткүл дүйнөлүк майрамы катары белгилене баштады.

Кыргызстанда да бул күн керектөөчүлөрдүн күнү катары белгилене баштаганына быйыл 14 жылдын жүзү толду.

1848-жылдын 15-мартында Венгриянын Пешт шаарында “Венгр жазы” аталган буржуазиялык революция башталган. Пешт шаары ал убакты азыркы Венгрянын борбору Будапешттин жарымы болгон. Пешттеги буржуазиялык революция Австриянын Габсбурдар династиясынын бийлигинен кутулууга багытталган улуттук-боштондук кыймылга айланган. Габсбургдар венгерлердин талабын башында аткарганы менен 1849-жылдын август айында күңкорсуздук үчүн күрөшкөн венгр революциясы аесуз басылган.

Мындан туура 15 жыл мурун, 1990-жылы М.С.Горбачев СССР президенти болуп шайланган.

15-март 2005-жылы Кыргызстанда саясий кырдаал шакардай кайнап, бийлик оппозицияны тынчытууга, акыркы биринчини бийликтен кетирүү амалында болушту. Бир жыл мурун президент Аскар Акаев шайлоо жыйынтыгын чыгарып калкка кайрылды. Президенттин пикиринде шайлоо калыс жана демократиялык талаптарга шайкеш өткөрүлдү деп оппозицияны ыркка чакырса, акыркылар ага да, шайлоо чечимине да ынанбай Жалалбатта курултай өткөрүшүп, Аскар Акаевдин кызматтан кетиши маселесин кабыргасынан коюшту.

КАРЫЗ АКЧАНЫН КАЙГАЙЫ

Кыргызстандын тышкы карызы ички дүң продуктуга карата 80% жакынды түзөт. Кыргызстан өкмөтү Париж клубунун талабын аткарып кредит берген өлкөлөр менен кош тараптуу келишимдерди түзүп чыкты. Соңкусу болуп 9-мартта Түркиянын 47 миллион доллар карызын төлөөнү кийинкиге жылдыруу тууралуу келишимге кол коюлду.

Акыйкатта да тышкы карыздар Кыргызстан экономикасына олчойгон оорчулугун салып, маалы келип калган кредит акчаларды кайтаруу маселеси жаңы өкмөттү да катуу ойлонтуп отурган кези. 24-марттагы элдик ыңкылапты аралай чапкан Бишкектеги талап-тоноочулуктан зыян тарткан түркиялык ишкерлердин маселесин, «Аккеме» мейманканасынын чатагын укуктук негизде чечип берүү талабын коюп Түркия өкмөтү карыздарды төлөп берүүнү кийинкиге жылдыруу жөнүндө келишимге кол коюудан баш тартып келди. Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров ортодогу талашка чекит коюлганын маалым кылды.

- Бул жерде биздин позиция мындай. «Аккеме-Пинара» мейманканасы курула баштагандан бери бери чатактын аягы үзүлбөй келатат. Бул 24-марттагы иш эмес, 1996-жылдан бери келаткан талаш. Бирде түрктөр тарап алдап кетет, ага жооп кылып кыргыздар тарап бирдеме жасап иет. Иши кылып бул түгөнбөгөн чатак. Экинчиси, 24-марттагы талап-тоноодон зыян таркан түрк ишкерлерине көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдиришти.

Акылбек Жапаров 24-марттагы талап-тоноолордон жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча конкрет иштер жүрүп жатканын маалымдады. Талаштан башы чыкпай келаткан «Аккеме» мейманканасынын жетекчиси Руслан Сарымсаков иштин чоо-жайын башкача түшүндүрөт.

- 1992-жылы, билесиздер, Бирштейн, «Сиабеко групп» келген, Алар биздин базар экономикасын жакшы билбегенибизден пайдаланып өздөрүнө байлык топтоп кетишти. Дал ошентип түркиялык ишкер инсан келип, чөнтөгүнөн бир тыйын чыгарбай туруп, келишимге курулушка кеткен чыгымдын 50% мен көтөрөм деп кол койгондон башка эч нерсе жасаган жок.

Убагында Түркиядан алынган 75 миллион долларды кайтарып берүү барып-келип эле бюджеттин, салык төлөөчүлөрдүн мойнуна түшүүдө. Карыздын 47 миллион долларын өкмөт 33 жылга созуп төлөп берүү милдетин алууда.

Өкмөт кедей өлкөлөрдүн карызын кечип ийчү «хиппик» программасына илинип калуу аргасын издөөдө. Эгер ал жүзөгө ашчу болсо Кыргызстандын 1 миллиард 100 миллион доллар карызы кечилип кетерин А.Жапаров 14-марттагы маалымат жыйынында дагы бир ирет жарыя кылды.

Бирок да олчойгон экономикалык карыздарды кечип ийүү ошондой эле деңгээлдеги саясий талаптарды артына жүрөт. Парламент депутаты Муратбек Мукашевдин ырасташынча, бул маселе бай-кедей өлкөлөр ортосундагы мамиле-катышты аныктоодо.

- Кыргызстандын эң орчундуу жери бул тышкы-ички карыздары болууда.

Кыйладан бери айтылып келаткан тышкы карыздардын биртобу айрым бир таасирдүү чиновниктердин билип-билбей жасаган ишкерликтеринин салакасы катары өкмөттүн мойнуна илинип, бюджетке күч келтирип отурат.

24-МАРТ БОЮНЧА ПАРЛАМЕНТТЕ БИРДИКТҮҮ ПИКИР ЖОК

Азиза Турдуева, Бишкек 14-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары 24-мартты элдик ыңкылаптын күнү катары белгилөө тууралуу мыйзам долбоорун кворумдун жоктугунан карай алышкан жок.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү 24-марттагы окуяларды элдик ыңкылап катары баалап карашса, дагы бир тобу бул күндү ыңкылап катары белгилөөгө каршы чыгышууда. Депутаттар Азимбек Бекназаров менен Дооронбек Садырбаев тарабынан өлкөнүн Эмгек Кодексин 24-мартты элдик ыңкылап күнү деп белгилөө менен толуктоо каралган мыйзам долбоору буга чейин, 6-мартта, парламентте талкууга коюлуп, депутаттар тарабынан колдоого алынган эмес. Депутаттар март окуясы боюнча карама-каршы пикирлерин билдиришкен.

Айрым депутаттар бул күндү элдик ыңклап күнү эмес, башкача аталыш менен белгилөөнү сунушташса, кээбирлери азырынча аны майрам катары белгилөө эртелик кылат деген көз караштарын ортого салышкан. Акырында парламент төрагасы бул маселе боюнча өзүнүн пикирин билдирип, мыйзам долбоорун кароону кийинкиге жылдырууну сунуш кылган. Анын үстүнө бюджеттик чыгымдар каралган бул мыйзам долбооруна карата өкмөттүн корутундусу да берилген эмес экен. Ал эми депутат Азимбек Бекназаров 14-мартта «Азаттыкка» билдиргендей, сунушталган мыйзам долбооруна өкмөт макулдугун берип, корутундусун парламентке жолдоду. Депутат ошондой эле 24-мартты элдик ыңкылап катары белгилөө демилгесин парламентарийлер колдоого алаарына ишеними бар экендигин айтты:

Мен Дооронбек Садырбаев экөөбүз парламентке сунуштаган мыйзам долбоорун парламенттин депутаттары колдойт деп ишенемин. Анткени, эгерде алар каршы болсо, анда экс-президент Аскар Акаевдин март ыңкылабы боюнча көз карашын колдошкон болушат. Акаев бул күндү трагедиялуу күн катары эсептеп атат го , - деди Азимбек Бекназаров.

Депутат Кубанычбек Исабеков 24-мартты ыңкылап күнү катары белгилөөгө айрым депутаттар каршы болгондугунун себебине төмөнкүдөй токтолду:

Көпчүлүк депутаттар март окуясын ыңкылап катары белгилөөгө каршы болуп жатышат. Анткени, бул окуянын учурунда көптөгөн адамдар таланып-тонолуп, жапа чегишкен. Тилекке каршы, аларга бүгүнкү күнгө чейин компенсация төлөнүп бериле элек. Ал эми алардын саны миңдеген адамды түзөт. Ошондуктан, көпчүлүк адамдар бул күндү майрам катары белгилөөгө каршы чыгышы мүмкүн. Депутаттар мына ушул жагдайды да белгилешүүдө. Бирок, албетте, революциялар жоготууларсыз болбойт .

Депутаттардын бир бөлүгү 24-марттагы окуяны элдик ыңкылап катары белгилөөгө каршы экендиктерин бир жылдан бери өлкөдө орун алган өзгөрүүлөр менен байланыштырууда. Айта кетсек, депутат Темир Сариев бул күндү ыңкылап күнү деп майрамдап белгилөөгө каршы:

Мен бул күндү улуттук майрам, ыңкылап катары белгилөөгө каршымын. Анткени, кыргыз эли март окуяларынан бери кандайдыр бир жакшы нерселерге ээ болгон жок. Жакшы жакка өзгөрүүлөр болгон жок. Ошондуктан, мен 24-март ыңкылап күнү катары белгиленишине каршымын .

Ал эми Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынын пикиринде, 2005-жылдын 24-март күнү сөзсүз түрдө Кыргызстандын тарыхында өз ордун ээлейт жана бул күн белгилениши керек. Мындай көз караштагы депутаттарынын бири депутат Жантөрө Сатыбалдиев:

2005-жылдын 24-марты сөзсүз түрдө тарыхта белгиленип калат. Бул күн майрам катары белгилениши керек. Анткени, ошол күнү бийлик алмашуу болду. Менин пикиримде, эгерде ошол күнү бийлик алмашуу болбосо, анда мурдагы бийликти башка жолдор менен алмаштыруу мүмкүн эмес болчу. Албетте, эл өзү да бул окуяга өз баасын берет , - дейт Жантөрө Сатыбалдиев.

Азимбек Бекназаров билдиргендей, өлкөнүн Эмгек Кодексинин 113-беренесине 24-мартты Элдик ыңкылап катары белгилөө боюнча кошумча киргизүү каралган мыйзам долбоору ушул бейшембиде каралышы күтүлүүдө. Ал эми 24-март Элдик ыңкылап күнүн белгилөө боюнча президенттин жардыгына ылайык түзүлгөн уюштуруу комитети өз ишин улантууда.

ЭКОНОМИКАБЫЗ ДАГЫ ДЕЛЕ АКСАП ТУРАТ

Жыл жаңыргандан берки өлкөбүздүн социалдык-экономикалык жетишкендиктери өткөн жылкы эки айлык көрсөткүчтөргө караганда кубантарлык эмес. Бул 14-март күнү Өкмөт үйүндө өткөн жыйында белгилүү болду. Тоо-кен тармагында өсүш дээрлик жок, ал эми энергетиканын жалпы карызы 1 млрд сомдон ашкан.

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында ички дүң продукция иш жүзүндө 3,2% өскөн. Бирок бул өткөн жылкыга караганда 0,3% аз. Ал эми инфляция былтыркыга салыштырмалуу 1,5% көп. Өткөн жылы инфляциянын деңгээли 1,3% түзгөн болсо, бүгүнкү күндө күйүүчү майдын, канттын жана башка азык-түлүктөрдүн баалары кымбаттаганына байланыштуу инфляция 2,7% чыгып кеткен. Анын ичинен айыл чарба продукцияларынын баасы 7,5%, канттын баасы 29,8% кымбаттап, бул аркылуу кондитердик азыктардын баалары да 19% жогорулады. Ошондой эле курулуш жана оңдоо материалдарынын баасы цементтин кымбаттап кеткендигине байланыштуу 3,5% жогорулаган.

Мындан тышкары айыл чарба тармагында да абал кубантарлык эмес. Быйыл күздүк эгин өткөн жылкыга караганда 15,8 миң гектарга аз айдалган. Ошондой эле жазгы эгиндерди айдоодо себилүүчү үрөн да жетишсиз. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министринин орун басары Байлин Байтемировдун айтымында, учурда дагы 5 миң тонна үрөн жетишпейт, анын ичинен 3500 тонна буудай, 1500 тонна арпанын үрөнү зарыл.

1-вице премьер-министр Медетбек Керимкуловдун маалыматы боюнча, тоо-кен тармагында көмүр казуу иштери жолго салынбай, өткөн жылкыдан 7,7%, ал эми алтын казуу 25% азайды. Керимкуловдун айтымында, Карабалта тоо-кен комбинаты, Кадамжай сурма комбинаты жана Майлысуу лампа заводдорунун көйгөйлөрү чечилбеген бойдон турат:

Тоо-кен адиси, коомдук ишмер Орозбек Дүйшеев алтын казуунун төмөндөп кетүүсүнүн себеби тоо өнөр жайына көзөмөл жоктугунан жана Кумтөр алтын кенин иштетүүдө жең ичинен жеп-ичмейлер болуп жатканында деген пикирде:

-Бизде бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан тоо өнөр жайына көзөмөл жок болуп калды. Мындан тышкары Кумтөр алтын кенинин айланасындагы коррупцияга байланыштуу тоо-кен тармагынын өндүрүшү аксап жатат. Жерүй алтын кени да ишке кире албай турат. Бийликтеги бузуку оюндардын эсебинен иштеп жаткан ишкерлерге бут тосулууда. Мына ушулар тоо-кен тармагынын артка кетип жаткандыгына негизги себеп.

Орозбек Дүйшеевдин айтуусунда, Кумтөрдүн акциясын сатуудан түшкөн 85 млн доллар акчаны улуттук банкка сактабай, өндүрүшкө жумшоо зарыл. Тоо-кен тармагындагы токтоп турган ишканалардын башында Айдаркендеги сымап комбинаты менен Кадамжайдагы сурма комбинаттары турат. Аталган комбинаттарда 15-20 жылдап жетекчилик кызматтарда иштеп турган адис Мамат Айбалаевдин айтымында, Кыргызстандын оор өнөр жайын иштин көзүн билбеген жетекчилер талкалап салышты:

-Түстүү металлдар министрлигинин курамына кирген бардык ишканаларды: Айдаркендеги сымап, Кадамжайдагы сурма, Макмал алтын, Орловкадагы жана Карабалтадагы тоо-кен комбинаттарынын баарын башын “Кыргызалтын” деген акционердик коомго жыйып туруп, Аскар Акаев анын башына тоо-кен тармагынан таптакыр тааныштыгы жок, иштин көзүн билбеген кишилерди коюп алып, баарын талкалады.


Мамлекеттик бажы жана салык тармагынын бюджетке түшүргөн каражаты мурунку жылга салыштырмалуу арбыныраак. Мамлекеттик бажы инспекциясы эки айдын ичинде өткөн жылга салыштырмалуу 84 млн сомго көп каражат өндүрсө, салык инспекциясы тарабынан алгачкы кварталга 2 млрд 157 млн сом өндүрүүнү болжолдогон. Бул былтыркыга караганда 100 млн сомго көп.

Айрым пикирлер боюнча бийлик элдин үмүтүн актай албай келүүдө. Буга жогоркудай көрсөткүчтөр, өкмөттүн иш алып баруусунун аксап жатышы мисал дешет алар. Экономист Айылчы Сарыбаевдин сөзү боюнча, Кыргызстандын экономикасынын өнүкпөй жаткандыгына эски бийликтин салакасы жана азыркы учурда жогорку кызматта отургандардын өз ишин билбегендиги зыянын тийгизип жатат:

-Өлкөбүздүн экономикасынын өнүкпөй жатышына эки себеп болушу мүмкүн. Биринчиси: кимдир бирөөлөр тарабынан азыркы бийликке каршы билдирбей, тымызын жасалган аракеттер. Экинчиси: азыркы жетекчи кызматтарга өкмөттү башкарууну жана экономиканы кризистен алып чыгууну өздөрү жакшы билбеген адистер келгендигинен улам ушундай болуп жатканы ыктымал.

АКШ ЭЛЧИСИ ЖАЛАБАТТА ЖАҢЫ ДОЛБООРДУН ТУШООСУН КЕСТИ

14-мартта Жалалабат шаарында «Биргелешип өнүгүүнүн демилгелери» деп аталган долбоордун ачылышы болду. Жалалабат, Ош, Баткен облустарында ишке аша турган үч жылдык аталган долбоорду ЮСАИД агенттиги каржылайт, Тынчтык корпусу ишке ашырат. Түштүк аймагынын социалдык-экономикалык багытына жумшалчу долбоордун ачылышына кошмо штаттардын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович айым катышты.

Аталган долбоор үч обулустун 45 жамаатынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө 3,5 миллион доллар каражат жумшайт. 14-мартта Жалалабат-Сузак аймактарындагы жети жамаат келишимге кол коюшуп, биргелешип иштөөнүн багыттарын аныкташты. Долбоордун ачылышына катышкан кошмо штаттардын элчиси Мари Йованович айым Ноокен районундагы Момбеков айыл өкмөтүнүн 900 адамы үчүн электр мамылары орнотуларын айтып, долбоордун ийгиликтүү ишке ашаарына ишеничин билдирди:

- Менимче бул абдан сонун долбоор. Анын негизги максаты жергиликтүү калктын, ушул аймактын жашоосун оңдоо үчүн жаңы идеяларды алып чыгуусуна түрткү берет. Айтып кетсем, Момбеков айылында 900 кишиге электр жарыгын колдонууга шарт түзүп отурат. Биздин берген каражаттарыбыз элүүдөн ашык электр мамычасын жана башка жабдыктарды алып келүү менен ал жердеги жашоону бир топ өзгөрттү десем жаңылышпайм.

АКШнын элчиси облустагы бейөкмөт жана өкмөттүк уюмдар, жергиликтүү маалымат каражаттарынын жана коомчулуктун өкүлдөрү менен да баарлашып, Америка өкмөтү каржылаган долбоордун иштетилиш абалына кызыкты. Элчини кабыл алган губернатор Искендер Айдаралиев чет элдик инвестициялар облустун өнүгүүсүнө зор салым кошоорун белгиледи.

Жалалабат шаарында элдин турмушун оңдоого аракеттер жасалганы менен проблемалар толтура. Жумушсуздук азайбай, өнөр жай ишканалары өнүгө албай жатат. Бирок, калк базар талабын жакшы түшүнүп калды. Шаар акими Ильяс Айсариевдин ырастоосуна караганда долбоор төрт багытта иш жүргүзөт:

- Кыргызстандын Түштүк тарабынан 3 жарым миллион долларлык инвестициялар тартылып келмекчи. Биз ошонун үстүндө тыгыз иштеп, Жалалабат шаары, Сузак районунда борбор түзүлгөн, ошонун негизинде иштерди алып барып жатат.

Жашоосун жакшыртуу үчүн ар бир адам өзү аракеттенүүсү зарыл. Сузак районунан Асылбек Жаңыбаев Тайгараев айыл өкмөтүндө элдин көбү үлүшсүз калгандыгын, эгин суусу тартыш экендигин айтып өттү.

ОШТУКТАР БИЙЛИКТИ КОРРУПЦИЯГА ЧАЛДЫККАН ЖЕТЕКЧИЛЕРДЕН ТАЗАЛООНУ ТАЛАП КЫЛУУДА

Кубанычбек Жолдошев, Ош Оштогу “Марттагы элдик ыңкылап” коомдук уюму жергиликтүү бийлик органдарын иш бедели коомчулукта күмөн жараткан жетекчилерден тазалоо боюнча иш чараларды баштай тургандыгын жарыялады. Өткөн жылкы март окуяларынын катышуучуларынын башын бириктирген бул коомдук уюмдун өкүлдөрү элдик ыңкылапты аягына чыгаруу үчүн Акаев режиминин тушунда коррупцияга баткан адамдардын жаңы бийликтин курамында болушуна каршы чыгууда.

2005-жылдын март айындагы окуяларга катышкан атуулдардын башын
бириктирген жогорудагы уюм ыңкылаптын жетишкендиктерин коргоп калуу
максатында өткөн жылы май айында түзүлгөн. Марттагы элдик ыңкылап
коомдук уюмунун төрагасы Тимур Камчыбеков бир жылдыктын алдында
жергиликтүү бийлик органдарын Акаевдик коррупциялашкан деп аталган
мамлекеттик жетекчилерден тазалоого убакыт келип жеткендигин 14-март
күнкү ыңкылапчылардын атайын жыйынында билдирди:

- Элдин турмушу жакшы деп элдин чыныгы турмушун көрсөтпөй Акаевди алдап жүргөн адамдар бүгүн Бакиевди алдаганга өтүштү. Эгерде өзүбүз алып келген бийликти өзүбүз сактап калбасак бул былыткылар Бакиевди да, жаңы бийликти да өзүнүн сасык коррупциясы менен курчап алганы турушат. Мыйзамдуу жол менен коюп, биз Курманбек Бакиевден ушул адамдардын кетишин талап кылабыз - деди Тимур Камчыбеков.

Ыңкылапчылардын кезексиз жыйынынын жүрүшүндө шаардык жана
облустук деңгээлдеги бир катар жергиликтүү бийлик органдарында
иштеген, коомчулукта күмөндүү бедели менен таанылган жетекчилердин
жана бир катар мамлекеттик кызматкерлердин тизмеси түзүлүп жаткандыгы
маалымдалды. Өткөн жылкы ыңкылап лидерлеринин бири Ош облусунун
губернаторунун биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаев коррупциялашкан
бийлик системасын жолго салуу үчүн мамлекет башчысынан чечкиндүү
чараларды талап кылышаарын белгилеп өттү:

- Коррупционерлер тааныш менен ишке келип алып элди кыйнап атат. Кээ бир жерлерде баягы эле паракорлор отурат. Ошолордун сөзсүз 17де курултайда аты аталып, иштен кетет. Биз качан элге толук шарт түзүп берип, пара алууну токтотмоюн биздин эл жакшы көтөрүлгүдөй эмес. Мен дагы бир жолу айтам, биз биринчи этабында эң чоң бийликте турган коррупционерлер менен күрөшөбүз - деди Кушбак Тезекбаев.

Чогулуштун аягында мамлекеттик жетекчи кызматтарда иштөөгө
татыксыз деп эсептелинген адамдардын тизмеси 17-мартта болуп өтө
турган ыңкылапчылардын биринчи курултайына чейин толук даярдалып
бүтүп, коомчулуктун назарына жана мамлекет башчысына жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

САЯСАТЧЫНЫН БЕЙНЕСИ : ҮСӨН СЫДЫКОВ

Коммунист-саясатчы, президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков - Курманбек Бакиевдин бийлигин бекемдөөгө салмактуу салым кошкондордун бири. Анын администрация башчылыгына келиши эң ириде ыңкылап маалында сиңирген эмгеги менен байланыштырылат. Мурдагы президент Акаевден катуу ыдык көрүп калган катаал мүнөздүү коммунист Сыдыков мурдагы бийликти кулатып, өзүнө ыңгайлуу жетекчинин бийликке келиши үчүн катуу жан үрөгөнү тууралуу ыңкылап маалында кыйла эле айтылды. Бул жараянга моралдык эле эмес, материалдык да бараандуу колдоо көрсөткөндүгү тууралуу имиштерди саясатчы өзү төгүндөгөнү менен, бул эл оозунда ылакап болуп аликүнчө жашоосун улантууда.

Ыңкылаптан берки бир жыл аралыгында коомдук-саясий чөйрөдө Үсөн Сыдыковдун дарегине жылуу сөзгө караганда, ачуу сын арбын болуп, кадр саясатына байланышкан кесепеттүү иштердин көбү Үсөн Сыдыковдун ысымы менен кошо айтылып келатат. Муну айрыкча парламент депутаттары байма-бай көтөрүп, Сыдыковду көшөгө артындагы саясий оюндардын ана башында турат деп, аны кызматтан кетирүүнү президенттен нечен курдай талап кылганы бар.

Бирок, президенттин карамагындагы адам укугун коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун бийлик алмашуу учурунда Сыдыковдун көкжалдыгы көп жерде ишке жараганын айтат:

- Такыр эле начар адам деген болбойт. Ошол Акаевдин режиминин учурунда Каракулжа окуясы болду. Депутаттыкка өткөрбөй койду. Мени менен кошо үч күн камалып чыкты. Ушунун баарына көкжалдык кылып чыдап келди да. Март революциясына чоң эмгек сиңирди. Анан ал кишинин тажрыйбасынын арты менен ыңкылап учурунда президенттик администрация тарабай сакталып калды.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов тескерисинче, Сыдыков Акаевдин бийлигине каршы күрөштө биригүүгө жол бербей коюп, бул кийин саясий кризисти күчөттү дейт:

- Оппозиция биригели, 2005-жылкы президенттик шайлоого жалпы бир талапкерди даярдайлы, Бакиев болсо, анын саясий платформасын даярдап берели, Кулов, Текебаев өңдүүлөр менен чогуу иштешели дегенде дал ушул Үсөн Сыдыков Бакиевди чөнтөгүнө салып койгондой, башкаларды жолотчу эмес.

Укук коргоочунун оюнда ыңкылаптын өз максатына жетпей калышына ушунун кесепети тийди.

Үсөн Сыдыковдун дагы бир одоно катачылыгын анын атаандаштары Ош окуясы менен байланыштырып жүрүшөт. Маселен, мурдагы партиялык кызматкер Кемел Ашыралиевдин оюнда ал кездеги обкомдун биринчи катчысы Үсөн Сыдыковдун «туура эмес жетекчилигинен» жер талаш чыгып, ал чынчыл жетекчи Апсамат Масалиевдин аброюна көлөкө түшүрдү. Анын айынан Масалиев президент болуп шайлануу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Бул өз кезегинде кыргыз мамлекетин башкарууга ыплас жетекчилердин келишин шарттады:

- Азыр жер талаш болуп атат. Экинчи адам болуп туруп кантип барып, ай жерди туура эмес бөлүпсүңөр деп айта алат. Башында жерди туура эмес бөлгөн адам эч кимге эч нерсе айта албайт. Менин айтайын дегеним жетекчинин жолу да, колу да таза болушу керек.

Бирок, Үсөн Сыдыков өзү мындай дооматтарды жуутпайт. Ал өмүр бою чынчылдык, принципиалдуулук үчүн күрөшүп келгенин, мындай мүнөз жумушта эле эмес, үйдө да сакталаарын, кызматты сатып да, сатып алып да көрбөгөнүн «Азаттыкка» берген интервьюсунда айтты эле:

- Мен советтик мезгилде да эч качан жумуш боюнча ката кетирген эмесмин. Бүгүн да колумдан келген ишти жасап иштеп жатам.

Анткен менен, азыркы саясатчылардын кыйласы Каракече көмүр кениндеги, темир жол тармагындагы чыр-чатактар, парламентти таркатуу демилгеси өңдүү коомдук-саясий чөйрөнүн көңүлүн бурган маселелердин артында Үсөн Сыдыковдун таасири бар деп эсептешет. Оппоненттер байма-бай сын айтып кодулаганы менен, Сыдыковдун бул кызматтан жакында кетерине ишенгендер аз. Айрым байкоочулар муну президентке өтө берилген адам экендиги менен түшүндүрүп жүрүшөт. Анын акыркы далили катары алар Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаевден Курманбек Бакиевди кантип коргогондугун келтиришүүдө.

ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗДАР МЕКЕНИНЕ ЖЫЛ САЙЫН 154 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ЖИБЕРҮҮДӨ

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда ырасмий булактар маалымдагандай башаягы 300 миңден 500 миңге чейин кыргызстандыктар бар. Алардын жер которуп азып-тозуп күн көрүүсүндө кандай кам көрүлүп аткандыгы туурасында Кыргызстан жумуриятынын Орусиядагы элчилигинин консулу Төлөн Турганбаев айтып берген.

Кабарчы: - Төлөн Самүдүнович, азыр радиону угуп турган кыргыздар бул жактагы балдарынан кабар уксак деп атышкандыр, ошондуктан сиз бул жердеги консул катары, бул маселеде кандай кабарыңыздар бар, аман-эсен жүрүшөбү, же кайсы бир маселеттер барбы, ушул багытта пикир айта кетсеңиз.

Төлөн Турганбаев : - Ар кандай булактар маалыматы боюнча Орусияда 300 миңге жакын кыргыздар жүрөт деп айтып атабыз. Алардын басымдуу көпчүлүгү Маскөө жана Маскөө обулусу жеринде эмгектенип жүрүшөт. Алардын турмушунда бирден бир кыйын маселе жашаган жеринде катталуу кагазын алуу, иш кылган жеринде эмгектенүүгө уруксатын алуу болууда. Бул эки ири маселе Орусия федерациясынын 2002- жылы кабыл алган мыйзамынан соң чыккан. Менин оюмча жашаган жерине катталуу барагын алуу жана ишке уруксат кагазын алуу маселеттери болгондуктан көпчүлүк кыргыз атуулдары азыр орусиялык атуулдукту алууга киришти. Орусиянын атуулдугун алгандарга жеңилдик бар экен. Биричиден күнүгө көчөдө милиция токтотуу болбойт, экинчиден эмгек эткен жерлеринде чет өлкөлүк атуул катары кармалуучу 30 пайызга жакын атайын салыктан бошотулат экен.

Кабарчы: - Алардын алдында кыйла татаалдыктар пайда болуп аткандыр? Бир эле юридикалык консультация алуу канча акчасын тоноп аткан чыгар.

Төлөн Турганбаев: - Бизде, (Маскөөдө - ММ) элчиликте, Екатеринбург калаасындагы баш консулдукта жана Новосибирскидеги вице-консулдукта орусиялык атуулдук алабыз дегендерге кеңири кеңеш берүү жүрүп атат. Андан тышкары Орусияда 25ке чукул кыргыз диаспора өкүлчүлүктөрү бар. Керектүү маалда биз алар менен жолугушабыз. Акыркы жолу, маселен, ошондой маслет менен Татарстан жумуриятында болуп келдик. Атайын командировкалар менен Санкт-Петербург шаарында эки жолу, Ростов шаарында болдук. Эмики биздин пландарда Самара шаары, Воронеж, Белгород, ачык айтканда, кыргыздар жашаган райондорго баруу дымагыбыз бар.

Кабарчы: - Атуул болуп колуна паспорт алгандары барбы же азырынча даярдык көрүү эле болуп атабы?

Төлөн Турганбаев: - Биринчи кездерде мурда орус улутундагыларды (кыргызстандыктарды – ММ) алчу эле, эми кыргыздарды алып жатат.

Кабарчы: - Намыс деген да бар экен, ошентип бул жакка келгендер атуул болуп кете берип, акыры бул жорук бир ууч элибиздин санын азайтканга алып келбес бекен?

Төлөн Турганбаев: - Маселенин саясий жагына токтолгум келбейт. Азыркы заманда абал оор экени баарыга белгилүү. Бул жакта эмгек этип жүргөн кыргыздар эң биринчи үй бүлөмө, туган туушканыма – Мекениме аз да болсо пайда келтирейин деген ниет менен жүргөндөр дейм. Бир ырасмий маалымат айта кетейин, 154 миллион доллар жыл сайын алар Кыргызстанга киреше жиберип турушат экен.

Кабарчы: - Басман базарынын үстү түшүп кеткенде кудай жалгап кыргыздар аман калыптыр, ошол өңдөнгөн кокустуктардан кыргыздардын арасы арыбы?

Төлөн Турганбаев: - Басман базары кыйраганда ал жерде биздин бир эжейибиз да бар болгон экен. Бирок аман калганына ыраазы, өзү доктурга барыптыр, кийин Кыргызстандын элчилиги аны таап, ага азыр Маскөө мэри Лужков айткан жабыр тарткандарга жөлөк пул өндүрүп берүүгө кириштик. Санкт-Петербургда да биздин эки жаранга бычак уруу болду эле, бүгүн, биздин элчи Апас Жумагулов ал калаа губернатору Валентина Матвеенко менен жолугушуп атат. Ошол жерде да бул маселе көтөрүлдү.

КОРГОО МИНИСТРИ ИСМАИЛ ИСАКОВ : РЕЗЕРВДИК АРМИЯ БОЛГОН ЭЛДИН ДАЯРДЫГЫН ДА КҮЧӨТҮҮ КЕРЕК

Баткенде 13-март күнү аскердик-атуулдук биргелешкен машыгуулар өттү. Ага коргоо министри Исмаил Исаков баш болгон бир катар жогорку бийлик өкүлдөрү байкоо салышты. Министр жергиликтүү коомчулук менен жолугушканда армия бул – эл, ар бир атуул түрдүү жагдайга даяр туруш керек деген оюн айтты.

13-март күнү эртең менен Баткен шаарынын тургундарын чуулдап атылган октордун үнү ойготту. Баткен шаары боюнча аскерий тревога жарыяланып, кадимки согуштук абал орун алды. Күн мурунтан даярдалган план боюнча террорчулардан колунан барымтага алынгандарды бошотуу, резервдик отряддардын көрсөтмө атышуулары, качкындар лагериндеги эпидемиялык абалдан чыгуу сыяктуу бир топ машыгууларга коргоо министри Исмаил Исаков баш болгон бир катар жогорку бийлик өкүлдөрү байкоо салышты.

Журналисттерге сүйлөгөн сөзүндө министр Исмаил Исаков күч органдары менен атуулдук коомчулуктун ар түрдүү жагдайларда биргелешип уюшкандыкта аракеттенүүсүн иштеп чыгуу экенин айтты:
- Негизги максат Кыргызстандын коопсуздугун сактоо максатында баардык күч органдардын, атуулдук коомчулуктун байланышын, ар түрдүү окуяларда бирдиктүү пландар менен иштөөсүн тактап толуктап, аныктап иш план түзүү болуп эсептелинет.

Коргоо министринин пикиринде, армия дегенде жалаң күч органдарын эле эмес, жалпы элди түшүнүү керек. Ошондуктан элдин даярдыгын чыңдоо - өлкөнүн коопсуздугун сактоонун бирден-бир жолу экенин баса белгиледи.

- Биздин элибиз армияны түзөт, күч органдары биринчи туруп бере турган армия, бирок кийинки резервдик армия бул биздин элибиз. Ошондуктан, биз бирдиктүү окууларды, машыгууларды жүргүзүп жатабыз. Мында биз бири бирибизге жаңы нерселерди үйрөтүп, көзубузду ачып алайык деген ой пикир - деди Исмаил Исаков.

Машыгууларды жана керектүү объектилерди көрүп чыккандан кийин министр Исмаил Исаков, жазылган маалыматтар, эскертүүлөр орус тилинде жазылгандыгына катуу сын пикир айтты. Ошондой эле Баткен мамлекеттик университетинде жайгашкан окуу жайлар аралык аскерий кафедрасын көрүп, абалы өтө төмөн деп баалады жана керектүү деңгээлде оңдоп-түзөлбөсө кафедраны жабуу керектигин эскертти.
Белгилеп кетчү жагы, машыгууларга кеткен акча каражаттар жалаң аймактагы жергиликтүү мамлекеттик мекеме ишканалардын эсебинен чыгымдалды.

Аскердик-атуулдук биргелешкен машыгуулар март айынын жыйырмасына чейин уланмакчы.

ПАСПОРТ МАСЕЛЕСИ ЧЕЧИЛБЕСЕ ПАРЛАМЕНТ ӨКМӨТКӨ ИШЕНИМ КӨРСӨТПӨЙТ

Аманбек Жапаров,Бишкек Парламент депутаттары жакын арада паспорт маселеси оңдуу чечилбесе, анда өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу маселени көтөрүп чыга тургандыктарын билдиришти. Айрым депутаттар паспорттун тартыштыгынан тиешелүү мекеме кызматкерлери акча жасап жатышат деген божомолдорун айтышууда. Маалымат ресурстары, технология боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Амангелди Кенжетаев жакын арада паспорт берүүдөгү кемчиликтер толук жоюлат деген ишенимде.

Паспорт кризиси мурдагы бийлик учурунда эле башталып, азыркы жаңы бийлик аны жөнгө сала албай чабалдык кылууда дешет паспортко муктаж адамдар. Айрыкча чет өлкөлөргө мандикерликке баруучулар паспорт ала алышпай Жогорку Кеңешке арызданышууда. Парламент депутаты Камчыбек Ташиев Жалалабат облусунда паспорт берүү иштери уюшкандыкта жүргүзүлбөгөндүктөн ортодо карапайым эл убара тартып жатканын билдирди.
- Жалалабат облусу боюнча паспорт алууга 1416 арыз берилиптир. Үч айдан бери болгону 44 эле паспорт берилиптир.

Маалымат ресурстары, технология боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Амангелди Кенжетаев анын мындай пикирине макул эмес. Агенттик жаңы түзүлгөндүгүнө байланыштуу уюштуруу иштеринде айрым кемчиликтер бар.

- Паспорт алгандардын ичинде барактар болот. Арыз жазганда сүрөтү туура эмес же колду туура эмес коюп койгондор бар. Кээ бири адрестерин ката жазган. Ошонун баары брак болуп, анан арыз жазган киши кайра толтурууга мажбур болот.

Амангелди Кенжетаев белгилегендей, учурда “Регистру” фирмасы паспортторду сапаттуу чыгарууда. Быйыл өлкөдөгү 680 миң адам паспорт менен камсыз болушу керек.

- Жалпы жонунан алганда декабрда 2 миң паспорт чыгарсак, март айында 7 күндүн ичинде 5 миңге чукул паспорт чыгарылды.

Буга чейин Жогорку Кеңеш паспорт маселесинен чыккан проблемалар үчүн жооптуу адамдарды кызматтан четтетүү тууралуу токтом кабыл алып, президентке жолдогон. Андан эч кандай майнап чыккан жок дейт, депутат Кубанычбек Исабеков:

-Тилекке каршы Кенжетаев боюнча Жогорку Кеңештин токтому президентке жетпептир. Азыр Кенжетаев агенттиктин жетекчиси болуп отурат. Ал агенттик ишти токтотуучу звено болуп калды. Эмне үчүн Нарын облусуна болгону 2 миң анкета жиберилет. Калган 45 миңди басып жатат. Муну жасалма дефицит кылып атышат. Бизнеске айланып калды.

Спикер Марат Султанов эгерде өкмөт паспорт проблемасын жакын арада чечпесе, анда өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси көтөрүлөөрүн билдирди.

- Бул маселе боюнча тапшырма берилди. Эгерде өкмөт бир айдын ичинде бардыгын өз ордуна келтирбесе, анда Искак Масалиев көтөрүп чыккан өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин колдойбуз.

Паспорт маселеси 16-мартта Жогорку Кеңеште өкмөттүк саатта премьер-министр Феликс Куловдун катышуусунда талкууланышы күтүлүүдө.

КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК САЛЫГЫ: КИМ КАРШЫ?

Дүйнөнүн 130 ашуун өлкөсүндө кыймылсыз мүлк салыгы киргизилген. Кыргызстанда да бул жаатта 2003-жылдан бери аракет жасалып келатат. Бирок да ал парламенттин каршылыгына кабылып, демилге колдоо таба элек.

2003-жылдын 30-апрелинде Кыргызстанда да кыймылсыз мүлк салыгын киргизүү боюнча Салык кодексине алымча-кошумча, өзгөртүүлөрдүн мыйзам долбоору парламентте кабыл алынган. Ага ылайык жергиликтүү кеңештердин чечими менен турак-жай үйлөрдүн базар баасынын 0,35%, ал эми коммерциялык максатта пайдаланылган үй-жайлардын наркынын 0,95% жыл сайын кыймылсыз мүлк салыгына чегерилип, жыйналып турушу керек.

Эрте жазда парламентте кабыл алынган мыйзамды ишке ашыруу амалында өкмөт ошол эле жылдын күзүндө Мамлекеттик каттоо тууралуу жобону парламент кароосуна киргизген. Мурдагы парламенттен колдоо таппаган жобону кайра жаңылап, өкмөт бир жылдан кийин депутаттардын кароосуна дагы сунуш кылган. Непадам, ал жобо бекитилип калса Мамлекеттик каттоо кыймылсыз мүлктүн баа-наркын аныктап, кимден канча салык алынарын аныктап чыкмак.

Мамлекеттик каттоо агенттигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы республика боюнча 581 миңден ашуун кыймылсыз мүлк бар экени аныкталган. Алардын 432 миңи турак-жай үйлөр менен батирлер. Өкмөт менен Эларалык валюта корунун меморандумунда белгиленген кыймылсыз мүлк салыгынын негизги жүгү Бишкектеги ажайып кооз үйлөр менен кымбатбаа батирлердин энчисине тиймекчи. Андай турак-жайлар Бишкекте 200 миңге бираз жете бербеген санды түзөт.

2004-жылы Кыргызстан боюнча иликтөөгө алынган 19 шаардын кыймылсыз мүлк салыгын төгө турган үй-жайлардын жалпы баасы 85 миллиард ашуун сомду түзгөн. Адистердин айтымында, бул көрсөткүч 100 миллиард сомду чапчыйт. Эгер ушунча баадагы кыймылсыз мүлктөн салык жыйналса, Кыргызстан болжол менен жыл сайын көз жоосун алган үй-жайлардан 16 миллиардка жакын сом киреше таап турмак.

Парламенттин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков мамлекет социалдык колдоого муктаж жарандарына жок дегенде минимал керектөө деңгээлиндеги каражат бөлүп турушу үчүн киреше табуунун аркыл булактарын таап турушу керек деп эсептейт.

- Пенсияны көтөрөлү, медицинага берели, билим берүүнү колдойлу, мугалимдердин айлыгын көтөрөлү. Эми эмнеден көтөрөбүз? А салыкка келгенде эле муну көтөрсө болбойт, тигини кылса болбойт. Бул туура эмес. Элден алганды элге кайтарып бериш керек.

Кыймылсыз мүлк салыгын киргизүү механизмдери кечеңдеп, ага турак-жай шартын жакшыртып алган парламент өкүлдөрү анчейин баа бербей жатканын президент К.Бакиев жергиликтүү бийлик жетекчилеринин чоң жыйынында билдирди.

- Байлар дагы жүрө беришет. Себеп дегенде ушулардын үйлөрү көппү дейм да. Ошондуктан тоскоол болуп атышат. Тездетиш керек муну.

Эларалык валюта кору кыймылсыз мүлк салыгын негизинен колунда бар жарандардын андай мүмкүнчүлүккө жетише албагандарга көрсөткөн социалдык колдосу экенин белгилеп, кыйла жылдардан бери аны киргизүү сунушун билдирип келатат. Каадалуу каржы уюмунун айтканын эки дебеген өкмөт тиешелүү жобосун даярдап, мыйзам чыгаруу бийлигине үмүт артып олтурат. Айрым байкоочулар көбүнесе байлардан чогулган бул парламенттин өкмөт демилгесин колдоп ийиши күмөн экендигин айтышууда.

14-МАРТТАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР

Өткөн жылкы парламенттик шайлоо Кыргызстандын саясий түсүн өзгөрткөн окуя болгону бышык. 13-марттагы парламенттик шайлоонун 2-туру аяктагандан кийин, өлкөнүн булуң-бурчтарынан нааразылык пикет, митингдер башталды деген кабарлар түшө баштады. №70- Бакайата шайлоо округунан Равшан Жээнбековду колдогон 3 миң чамалуу адам Талас областтык администрациясынын кашында митинг өткөрүштү. №39 Куршаб шайлоо округунда 10 миң чамалуу адам Адахан Мадумаровду, №20 Токтогул шайлоо округунда 2 миңдей адам Токтосун Мадияровду, Кочкордо Акылбек Жапаров деп эл көчөгө чыкты деген сыяктуу кабарлар түшө баштады.

14-март 1815-жылы император Наполеон Бонапарт Эльба аралынан жашыруун качыптыр деген кабатырланган кабар дүйнөгө тарады. Иштин жайы мындай болгон. 1814-жылы Наполеон жеңилгенден кийин, ал Эльба аралына сүргүнгө айдалган. Император бир жыл чамалуу сүргүндө жүрүп, март айынын башталышында аралды таштап, Франциянын түштүк жээгине түшүп, андан чагылгандай ылдамдыкта өлкө борбору Парижге келип 100 күндүк бийлигин орноткон.

14-март 1879-жылы айтылуу салыштырма теорияны жараткан атактуу физик Альберт Эйнштейн жарык дүйнөгө келген. Анын атасы Герман Эйнштейндин Германиянын Ульме шаарында чакан электрохимия заводу болгон. Змандаштарынын айтымында, Альберт Эйнштейн мектепти жана жаттама сабактарды жаман көрчү экен. Ал өз алдынча философия менен математиканы окуп, кийин ааламдв аңдоо жана физикалык кубулуштарды түшүнүүдө уникалдуу тажрыйба топтогон. Альберт Эйнштейндин мейкиндик жана мезгил туурасында киргизген жанылыгы өз мезгилинде Нобель сыйлыкка татыган.

24-МАРТТА ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯ БОЛДУБУ ЖЕ МАМЛЕКЕТТИК ТӨҢКӨРҮШПҮ?

13-мартта 24-март Элдик ыңкылап күнүн өткөрүү боюнча уюштуруу комитет мүчөлөрүнүн кезектеги жыйыны өттү. Кыргызстандын жаңы тарыхындагы өзгөчө маанилүү күндү кантип атоо жыйын катышуучуларынын арасында биртоп талаш-тартыштарды жаратты.

Акыйкатта да 24-марттагы А.Акаев бийлиги аягына чыкканын даңаза кылган күндү кантип атоо жалгыз парламент, өкмөт жыйындарында эле эмес коомчулук арасында аркыл пикирлерди жаратууда. Анын бир себеби элдик революцияны коштой келген түнкү талап-тоноочулукка эмдигиче укуктук баа берилбей, жабыр тарткандарга материалдык колдоо көрсөтүлбөй жатканын Кыргызстандын өнөр жай, туризм, тышкы соода министри Алмаз Атамбаев ачык эле айтты.

- Кенен бир жыл ичинде жабыр тарткандарга жардам көрсөтүлгөн жок. Ким тоскоол кылды? Миң киши экен, анын ичинде ижарачылар 400 киши. Айла кетип атса чиновниктер чогулуп 100 сомдон чыгарышса деле кыйла каражат чогулмак.

24-мартты элдик революция күнү катары белгилөө туура болорун парламент депутаты Азимбек Бекназаров да ырастады.

- Эгерде кимдир бирөө элдик революция дегенден корко турган болсо ачык эле айткыла. «Биз ушуну атагандан коркобуз» деп эле айтсын. Мисалы, мен коркпойм. Мисалы, биз менен жүргөн көпчүлүк, миңдеген-миңдеген адамдар коркпойт, алар революция күнү деп айтканда сүйүнөт. Анан «кайра жаралуу, ынтымак» деген сөздөр 24-мартка жарашпай калат. 24-мартта эмне болсо биз ошону тарыхка калтырышыбыз керек, бекемдеп коюшубуз керек. Эгер мамлекеттик төңкөрүш болсо ошондой деп калтыралы. Эгер элдик революция болсо элдик революция деп калтыралы.

Вице-премьер-министр Адахан Мадумаров А.Акаев бийлиги кулатылган күндү Улуттук кайра жаралуу, ынтымак жана биримдик күнү деп жарыялоо туура болор эле деген сунушун билдирип, аны улутташтарыбыздын эмдигиче кокту-колотчул психологиядан арыла албай жатышына байланыштуу түшүндүрдү.

- Революция деп атагандан кийин анда мамлекетте түп-тамырынан бери өзгөрүлөт. Башка идеология, башка дух болот. Революция деп атап алып, анан төрөлгөндө эле атын Манас коюп алгандай, кийин андан ким чыгарын Кудай билет. Мен айтар элем, туура эгемендик алгандан бери мамлекетибиздин пайдубалын кое албай келди. Жана «Манаста» айтылгандай, бардык жакка чачырап кеттик. Туура айттыңыз, Топчуке. Алдыбыз Америкага чейин жетип, артыбыз мына Казакстандын Курдайында жатабыз. Ошондуктан мен сунуш кылар элем, Улуттук кайра жаралуу жана биримдик күнү деп. Биз улут катары кайра жаралышыбыз керек. Ачуу айтайын, урматтуу туугандар, биз улут болуп куралган жокпуз, кокту-колот ой жүгүртүү менен жүрүп жатпайбызбы.

24-марттагы элдик кыймылдын башында тургандардын бири Кулубек Бөкөнбаев бул күндү өз аты менен атоо туура болот эле деген пикирде. Анын ырасташынча, Кыргызстанда бийлик тынч жол менен алмашылды.

- Кээ бирөөлөр айтышат, ошол эле түшүнбөгөндөр, «бул революция эмес, бул мамлекеттик төңкөрүш» деп атышат. Минтип айткандар тарыхты билбейт. Революция болгондон кийин коомдук-саясий өзгөрүш болуш керек. Эми кандай өзгөрүш болуш керек? Биз эми кайрадан монархияга барышыбыз керекпи, же коммунизмге кайрылабызбы?

Өкмөт элдик ыңкылап деп байма-бай жарыя кылганы менен майрамга даярдык иштери кечеңдеп жатканын «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев белгиледи.

- А бирок да эски заманда даярдыкты бир-эки ай мурда баштачу эмес беле. Ошон үчүн өкмөт эмнеге бизди бүгүн чогултуп атат? Бу жетекчилер силер күн-түнү менен даярдайлы. 24-мартты улуттук майрам деп жазыпсыңар. А 21-март улуттук майрам эмес бекен? Ар бир майрамдын өзүнүн аты бар.

Жыйында министр А.Атамбаев өткөн жылдын экономикалык көрсөткүчтөрү мыкты деле болбогонун, бирок да ага карабастан мурда белгиленгенге караганда 2 миллиaрд сом ашыкча чогулганын, быйылкы жылы дагы кошумча 1 миллиардка жакын акча чогултуларын маалымдады. Анын айтымында, кошумча акчалар коррупциянын тизгинин тартуу аракетинин натыйжасында чогулду. Анткен менен бийлик бутактарында дагыле отурушкан акаевчилер жаңы өкмөткө жашыруун-жабык бут тосууларын токтото элек.

АРАМ АКЧАЛАРДЫ АДАЛДООГО БӨГӨТ КОЮЛАБЫ?

Аманбек Жапаров,Бишкек 13-мартта парламент террорчулукту каржылоо жана арам акчаларды адалдоого каршы мыйзам долбоорун талкуулап, бирок аны кабыл алган жок. Айрым депутаттардын пикиринде аталган мыйзам долбоору талапка жооп бербейт. Ошондуктан аны комитеттер кайрадан иштеп чыгуу керек деген жыйынтыкка келишти. Президенттик администрация алдындагы каржылык чалгындоо кызматы болсо бул мыйзам учурда Кыргызстан үчүн зарыл экендигин билдирди.

Президенттик администрация алдындагы каржылык чалгындоо кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Тажыкан Калымбетованын айтымында адалданган арам акчалар террорчулукту колдоого карата жумшалышы мүмкүн. Ошондуктан шектүү финансылык операциялар көзөмөлгө алынууга тийиш.

- Жогорку Кеңештин депутаттары террорчулукту каржылоо жана арам акчаларды адалдоого каршы мыйзам долбооруна көп маани бербей, түшүнбөй жатышат. Бул мыйзам карапайым элге керек. Себеби ал террордук актылардан, финансылык системанын банкрот болушунан сактайт,-дейт Тажыкан Калымбетова.

Көпчүлүк депутаттар каржылык чалгындоо кызматы банктардын, ишкерлердин финансылык иштерине тоскоол болот деген пикирлерин билдиришти.

-Эми финансылык чалгындоо анча-мынча тирлик кылып аткандардын ишине тоскоол болот. Башка Кыргызстанда оокат кыла турган жер калбай калды да. Эми ушуну менен оокат кылыш керек экен да. Ураматтуу депутаттар, бул мыйзамды кабыл алабаңыздар. Мен буга 100 пайыз каршымын,-деди депутат Жусуп Иманалиев.

Айрым депутаттар бул мыйзам долбоорун кабыл алуу сунушу менен чыгышты. Депутат Райымбек Мамыровдун пикиринде бул мыйзам керек:
"Азыр биз бул мыйзамды кабыл албай койсок, элдин алдында айтып чыгышат, депутаттар өздөрүнүн акчаларынан коркушуп кабыл албай коюшту деп.

Райымбек Мамыров ири өлчөмдөгү акчаны амнистия кылып, банктарга салыш үчүн депозиттик камсыздандырууну сунуштады.

Ал эми депутат Сооронбай Шарипов каржылык чалгындоо кызматы саясий органга айланып кетиши мүмкүн деген чочулоосун билдирди.

- Жөн эле кабыл ала беребиз дегенде, эртең дагы бир саясий орган кылабыз. Анан керек болгондо кимди кааласа саясий себеп менен бардыгын жок кылат. Жакшы ой менен далай органдарды түзгөнбүз. Бирок саясатка келгенде “айдак” дегенде кимди болбосун басып калышат. Ошо жерге күч органдарында иштеген адамдарды эле алып келет. Анан иштин баары башталат. Азыр муну кое туруп, каржылык кызматы эмне иш кылат - анын жобосун тактап туруп, анан мыйзамды кабыл алышыбыз керек.

Ысыккөл инвест банкынын жетекчиси Болот Байгожоевдин пикиринде, “Террорчулукту каржылоо жана арам акчаларды адалдоого каршы” мыйзамды эртеңки күнү башка максаттарга колдонбогондой кылып, дыкат иштеп чыгуу керек. Анткени, Кыргызстандагы айрым мыйзамдар бири-бирине карама-каршы келип калган учурлар көп кездешет.

БАТКЕНДЕ АСКЕРДИК ДА, АТУУЛДУК ДА МАШЫГУУЛАР БАШТАЛДЫ

Сабыр Абдымомунов, Баткен Бүгүн Баткен аймагында Кыргызстандын коргоо министри жана жогорку бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда аскердик машыгуулар өтөт. Машыгууга айыл өкмөт башчылары да катышып, жергиликтүү калктын иш-аракетин тигил же бул жагдайда уюштурууну үйрөнүшөт.

Барымтага алынгандарды бошотуу, качкындарды жайгаштыруу, эпидемия таркаган аймакта иштөө жана табигый кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү – Баткенде башталган аскердик машыгуулардын программасы ушундай. Машыгуулардын жүрүшүндө аскердик, акимчилик жана коопсуздук күчтөрү, оорукана кызматкерлери жана башка кызмат уюмдар бирдиктүү аракеттенишмекчи.

Машыгуулардын штаб башчысынын орун басары Кубанычбек Тыналиев 12-март күнү Азаттыкка берген маалыматында, машыгуулардын максаты - террорчуларга каршы күрөшүүгө жана табийгый кырсык шартында же чукул кырдаал түзүлгөн учурда иштөөгө жергиликтүү органдардын даярдыктарын текшерүү жана кемчиликтерден арылуу экенин айтты.

-Бул машыгууларды өткөрүүнүн бирден-бир себеби диний кыймылдар терроризм менен аралашып баратат. Ошондуктан, биздин органдар, биздин эл баарына даяр болуш керек. Айрыкча өлкөбүздүн түштүгүндө бул актуалдуурак. Баткендеги машыгууда террорчуларга каршы күрөшүү табийгый кырсыктарда иш алып баруу, ошондой эле куш тумоосу сыяктуу эпидемияларга каршы аракеттерди иштеп чыгууга орчундуу көңүл бурулат,- деди Кубанычбек Тыналиев.

Аскердик машыгуулар жөнүндө кээ бир булактар аркылуу мамлекет 24-мартка даярдык көрүп жатат деген сөздөр тарап кеткен экен. Бул айтымдарды четке кагып, штаб башчысынын орун басары көчө акцияларына каршы даярдык көрүү - машыгуулардын максаты эмес экенин билдирди.

13-март күнү Баткенде атайын аскерий тревога көтөрүлүп, бардык калктуу пункттар тик тургузулат. Машыгууга айыл өкмөт башчылары да катышып, тигил же бул жагдайда иш-аракеттерди уюштурууну үйрөнүшөт.

Машыгууларга коргоо министри Исмаил Исаков баш болгон жогорку бийлик өкүлдөрү байкоо салышат.

13-МАРТТАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР

Дүйнөлүк тарыхка байыр салсак, март айы кайсы өлкө жана кайсы жыл болбосун оор айлардын бири эсептелет. Март айында көтөрүлүш, козголуш, көңтөрүш, төнкөрүш сыяктуу окуялар арбын кездешет.

1793-жылы Россия менен Пруссия биргелешип, Польшаны басып алганда, элдик пикир өзгөрүп, баскынчыларга каршы көтөрүлүш чыккан. Кыймылда айтылуу поляк саясатчысы Тадеуш Костюшка баштап көтөрүлүш чыккан маал ушул күнгө туш келет деп белгиленет тарых хроникаларында.

“1870-жылы Францияда революция жүзөгө ашып, Парижде революциялык коммуна уюшулуп, март айында, айрыкча 13-март күнү коммунарлар революциялык кыймылды коргоо аракетинде болушту”.

1889-жылдын 11-мартында Ысыккөлдөгү Каракол шаары орус колониалдык бийлиги тарабынан Пржевальск шаары деп өзгөртүлүп, 13-мартты деле көчмөн кыргыздар андан беймаалым да, бей капарда жүрө беришти.

1927-жылдын 12-мартында Кыргыз АССРнин советтерин уюштуруу боюнча биринчи курултай ишин аяктап, 13-мартта жаңы бийлик толукталган ыйгарым укуктары менен иш баштаган.

Мындан туптуура бир жыл мурун Кыргызстанда парламенттик шайлоонун 2-туру аяктаган. Расмий бийлик-шайлоо калыс, демократиялык талаптарга ылайык өттү деп жар салды. Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстандын 40 шайлоо округунда депутаттык мандат алууга талаш жүрүп, ага 80 талапкер ат салышкан. Шайлоо жыйынтыгына ынанбаган айрым талапкерлер бийликке каршы оппозициялык талаптар менен чыга башташты.

Кыргызстанда коогалаң чыкчудай кейиптенип, өлкөнүн булуң-бурчтарынан пикет, митинг, козголуш, курултай деген фронттук кырдаалды чагылдырчу кабарлар түшө баштады.

“АЛТЫН ТОМПОЙДУ” БИШКЕК ШААРЫ УТТУ

12- март күнү Бишкек шаарында үч күнгө созулган ордо оюну боюнча биринчи “Алтын томпой” мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды. Мөрөй талашууга 7 областтын жана Бишкек шаарынын командалары катышты.

Кыргыз дене тарбия академиясынын спорт аянтчасында ордо мелдеши үч күнгө созулду. Алатоо аймагынын жети облусунун командасын Бишкек шаарынын ордочулары утуп, баш байгенин ээси болушту. Кеңешбек уулу Бархат - бардык атаандаштарын жеңип, “Алтын томпой” мелдешинин мыкты оюнчусу аталды, Кыргыз улуттук университетинин студенти.
-Ордого жаштар кызыкканы кубандырат. Мурда аксакалдар менен ойносок, быйыл жаштар арбын келишти. Бул оюнду эл аралык аренага чыгарууга негиз бар. Баш байге үчүн ысыккөлдүк ордочулар менен беттешип, жеңишке жетиштик,-деди Бархат

Ордо оюнун эл аралык аренага чыгарууга аракеттер көрүлүп жатыптыр. Борбор Азия өлкөлөрү менен бирдей эреже иштелип, сунуштар эске алынганын ордо федерациясынын вице-президенти Искендер Кожокеев билдирди:
-Мурда мектептерде ордо боюнча биринчиликтер өткөрүлүп турчу. 3-4 жылдан бери окуучулар үчүн мелдештер болбой калды. Бишкекте үстү жабык ордо аянтын куруу үчүн Кыргыз спорт комитети бир аз каражат бөлүп беребиз дегенине үч жылдан ашты. Бул демилгени өзүбүз дагы колдоп демөөрчүлөрдү издеп жатабыз. Жыл өткөн сайын ордочулардын деңгээли жогорулап баратат.

Өлкөдө биринчи ирет өткөрүлгөн “Алтын томпой” мелдешинде экинчи орун-Ысыккөл областына ыйгарылды. Байгелүү үчүнчү орунду таластык ордочулар ээлешти. Ош облусунун ордочулары төртүнчү орунга чыгышты.

Ордо оюнунун эрежесин китеп кылып чыгаруунун жана облустарда атайын семинар өткөрүүнүн зарылдыгын Кыргыз дене тарбия академиясынын мугалими , Бишкек шаарынын командасынын капитаны Абдылда Шерматов белгилейт:

-Ордо федерациясына президент болуу үчүн өлкөнүн мамлекеттик катчысы Дастан Сарыгулов макулдугун берип, бул оюнду кенири жайылтууга жардамын берип, колдоого алмак болду. Биз да кыргыз эл оюну ордону эл аралык деңгээлге жеткирүүгө аракет кылып жатабыз. Бул ордо оюну Талас, Ош, Ысыккөл, Жалалабад областтарында жакшы өнүгүп жатат.Чүй аймагында бул демилге колго алынбай келүүдө.

Мелдештин байге фондусуна 100 миң сом бөлүнүп, 8 командага тең акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

“Алтын томпой” мелдешин ар жыл сайын өткөрүүнү салтка айландыруунун зарылдыгын ордо федерациясынын президенти, мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов да белгиледи.
“Алтын томпой” турниринин эң жаш катышуучусу 14 жаштагы ысыккөлдүк Эдил Аманов атайын байгеге татыктуу болду.

«МЭЭРИМ» КОРУНА 72 МИЛЛИОН СОМДУН ДООСУ КОЮЛУУДА

Чолпон Орозобекова, Бишкек Экс-президенттин жубайы Майрам Акаева жетектеп келген “Мээрим” кайрымдуулук коруна байланыштуу жыйырмадан ашык кылмыш иши козголуп, тергелип жатат. Башкы прокуратура Майрам Акаевага мамлекеттик казынадан мыйзамсыз акча котортуп алган деген айыптарды тагууда. Бирок “Мээрим” корунун эмгек жамааты мындай айыптарды жакын жууткан жок.

«Мээрим» коруна байланышкан баш аягы 28 кылмыш иши козголгон. Алардын көбү райондук жана облустук бийликтин бюджетинен которулган каражаттарга байланыштуу.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, «Мээрим» кору казынага келтирген жалпы чыгым - 72 миллион 600 миң сом. «Тергөө учурунда 32 миллион сом чыгымдын орду толтурулду», - деп билдирет башкы прокурордун орун басары Жумадил Макешев.

Ош облустук прокуратурасы райондук казыналардан аталган фондго мыйзамсыз которулган каражаттар боюнча кылмыш иштерди тергеп сотко ашырды. Мисалы, Өзгөн райондук билим берүү бөлүмү 1 миллион 100 миң сомду «Мээримге» мыйзамсыз которуп берген. Карасуу райондук каржы бөлүмү 763 миң сомду которгон.

Ысыккөл облустук прокуратурасы Аксуу райондук бийлиги корго имарат сатып берген факты боюнча да тергөөнү аяктап калды.

Бирок, бул кылмыш иштер боюнча «Мээрим» корунун эмгек жамаатынын өз жообу бар. Алар эки апта мурда «Агым» гезитине да өз кайрылуусун жарыялашкан.

«Мээрим» корунда 10 жылдан бери башкы бухгалтер болуп иштеп келаткан Бегайым Тыналиева мындай каражаттар биздин эсепке келип түшчү эмес деп билдирди:

- Кыргызстандын ар кайсы регионунан биздин борбордук кеңсеге акча келчү эмес. Ал райондор жер-жерлердеги балдарга билим берүү борборлоруна которулуп, мугалимдердин эмгек маянасына кеткен каражат тууралуу сөз болуп атышы ыктымал. Жергиликтүү бийлик өз балдарынын келечеги үчүн кам көргөн, - дейт Бегайым Тыналиева.

Фонддун аткаруучу директору Марат Жумадилов 2002- жылдан бери ушул кызматта иштейт. Ал корго азыр жасалып жаткан мамиленин артында саясат жатат деген пикирде:

- Биздин фонддун миссиясы эл үчүн кызмат кылуу деп ойлойм. Азыр деле ушул саясий басым болуп атканына карабастан эл бизди колдоп атат. Телефон чалып, кат жазып, моралдык колдоо көрсөтүп жатышат, - дейт Марат Жумадилов.

Кыргыз коомчулугунда «Мээрим» кору аким жана губернаторлор үчүн бюжеттин чыгаша бөлүгүндөгү чоң жыртык болчу деген ойлор бар. Өз кезегинде премьер-министр Турсунбек Чынгышев «Агым» гезитине берген маегинде «ал кезде кудай жалгап «Мээрим» деген баш оору жок болчу» деп айткан эле.

Президент алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун «Мээрим» фонду бийликке таянып мамлекеттик казынадан каражаттарды соруп турган деп белгилейт:

- Кайрымдуулукка жамынып алып, элдин акчасын куруткан. Акимдер, губернаторлор (кордун башчысы) президенттин аялы болгон үчүн ага кың дебей каражат которуп берип турушкан, - дейт Турсунбек Акун.

«Мээрим» кору боюнча сот жараяндарынын бири да азырынча баштала элек. Аткаруучу директор Марат Жумадиловдун айтымында, кордо иштегендер Майрам Акаева менен интернет аркылуу байланышып, пикир алышып турушат.

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ : ПРЕЗИДЕНТ БИЙЛИК КУРАМЫНДА АЯЛДАРДЫ КӨБӨЙТӨТ. ЧЫГААН КУУДУЛДАР АВТОМАШИНА УТУП АЛЫШТЫ.

Узап бара жаткан аптада өткөрүлгөн маданий иш чаралардын дээрлик баардыгы 8-март майрамына арналды. Алсак шаардык мэриянын атынан ардагер аялдарга жана көп балалуу энелерге белектер менен бирге эс алуучу жолдомолор тапшырылды. Ал эми Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда ар кайсы тармактарда эмгектенген аялдардын катышуусунда майрамдык салтанат өттү. Анда өлкө башчысы Курманбек Бакиев жалпы аялзатын куттуктап, алардын коомдо ээлеген ордун белгиледи. Өлкө башчысы ошондой эле өз сөзүндө бийлик бутактарында 30 пайыз аялдардын иштөөсү туурасында мыйзам иштелип чыга тургандыгын кошумчалады. Салтанатта өлкөнүн өсүп өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн бир катар айымдарга мамлекеттик наамдар ыйгарылды. Майрамга карата шаарыбыздагы бий ансамблдери менен бирге элибиздин көрүнүктүү ырчылары концерттик номерлерин тарттуулашты.



Бешилик” продюсердик борборунун демилгеси менен 3-марттан 8-мартка чейин Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Уланып күлкү баяны, сахнада куудулдар жана аялы ” аттуу фестиваль болуп, байгесине эки жеңил автомашина коюлган. Бул иш чарага баардык мен кыйынмын деген куудулдар жубайлары менен чыгып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Фестивалдын талабына ылайык бир жеңүүчүнү калыстар тобу, ал эми экинчи жеңүүчүнү эл тандады. “Бешилик” продюссердик борборунун жетекчиси Рысбек Жабировдун айтымында жыйынтыгында бир автомашинаны калыстар тобунун чечими менен Борончу Кудайбергенов Ырыс аттуу жубайы менен утуп алды. Ал эми жаш жубайлар Тынар Курбаналиев жана Лилия Абдыбаитова элдин колдоосу менен экинчи автомашинанын ээси болуп калышты.


Аптанын соңунда Кыргыз эл артисти Эрмек Мойдунов 60жылдык мааракесине карата чыгармачылык кечесин өткөрдү. Анда бир катар өнөр адамдары катышышты. Кечеде алгач маданият министри Султан Раев сөз сүйлөп, Эрмек Мойдуновду мааракеси менен куттуктады.
30жылдан ашуун убакыттан бери ырчылык өнөрдү аркалап келе жаткан Эрмек Мойдунов кыргыз элине 1967-жылы Аксуубай Атабаевдин “Эне жөнүндө баллада” деген ыры менен таанылган:

-Мен биринчи жолу 1967-жылы Аксуубай Атабаевдин “Эне жөнүндө баллада” деген ырын ырдап чыкканмын. Ошондон тарта элге ырчы катары таанылып жүрөм. Чыгармачылык жолумда комузчулар, акындар, ырчылар, манасчылар менен иштештим. Мен өзүмду бактылуу адам деп эсептейм.

Эрмек Мойдунов менен чогуу иштешип келе жаткан белгилүү комузчу, кыргыз эл артисти Самара Токтоканова анын чыгармачылыгына мындайча баа берди:


-Эрмек менен мен 70-жылдан бери чогуу иштеп келе жатам. Ал адегенде эки жыл эстрада менен ырдап жүрдү. Эрмек абдан тырышчаак, чыгармачылыкка ынтызар, бийиктикке жеткенге талпынган жигиттердин бири.

“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯ МЕНЕН ЖАБДЫЛГАН КИНОЗАЛГА ЭЭ БОЛДУ

Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек Жума күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде акыркы технология менен жабдылган кино зал ачылды. Мындай денгээлдеги кино зал азырынча эч бир жогорку окуу жайында жок. Анын максаты коммуникация факультетинин радиотеле жана киноискусство бөлүмүнүн студенттерин кино дүйнөсү менен жакындан тааныштыруу жана дүйнөлүк кино казынасынын сырларын ачуу болуп эсептелет.

Жаңы ачылган кинозал 120 көрүүчүгө ылайыкталган. Заманбап технологиялар менен жабдылган бул кинозалда аталган университеттин студенттери Чарли Чаплиндин аткаруусундагы тасмалардан баштап, азыркы күндөгү эң мыкты деп табылган тасмалар менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Университеттин кампасында атайын Түркиядан алынган 85 ар кандай жанрдагы дүйнөлүк тасма шедеврлери бар. Бул тасмалар жумасына 2 жолу студенттерге көрсөтүлүп турмакчы. Мындай кино залды ачуу максатын коммуникация факультетинин кенже илимий кызматкери Стамбулбек Мамбеталиев мындайча түшүндүрөт:

"Биздин студенттерге жалаң эле бир тектүү Европанын киносун эмес, же болбосо түрктөрдүн, же болбосо орустардын киносун эмес, өзүбуздүн дагы кыргыз киносунун керемети болгон, атагы дүйнөнүн төрт бурчуна тараган фильмдерден дагы көрсөтүп, ошолордун кандай мааниде тарткан, аң-сезимин өстүрүш үчүн кыргыз фильмин архивибизге чогултуп отурабыз".

Дайыма жаңыланып тура турган тасмалар жыйнагы азырынча кыргыз тилине которула элек. Учурда аларды тизмеге киргизип, сапаттуу которуу иштери жүрүп жатат. Ал эми аталган университеттин калк менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Эмине Явашгел, болочоктогу журналисттер дүйнөлүк киноискусстводон жетишээрлик деңгээлде кабардар болууга тийиш деген пикирде.

"Бул кино залдын ачылышы Кыргыз Түрк Манас университети үчүн чоң окуя. Биз студенттерибизди бир тараптуу кылып чектеп койбостон, аларга баардык жактан шарт түзүп берүүгө милдеттүүбүз. “Телерадио журналист” деген кесиптин ээси өз өлкөсүндө болуп жаткан окуялардан гана эмес, дүйнөлүк масштабдагы, анын ичинде маданий окуялардан дагы кабардар болууга тийиш. Биздин студенттер китептерден гана эмес, ошондой эле практика жүзүндө дагы өз кесибин мыкты өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ."


Кыргыз-Түрк Манас университетинин коммуникация факультетинде кыргыз киноискусствосуна чоң салымын кошкон адистер эмгектенет. Алардын арасында оператор Манасбек Мусаев, режиссер Жалил Сооданбек, сценарист Кадыр Өмүркулов бар. Ал эми кино залда көрсөтүлгөн эң алгачкы тасма дагы Кадыр Өмүркулов жана Төлөмүш Океевдин сценарийи боюнча тартылган “Бакайдын жайыты” деп аталган фильм болду. Бул дагы жөн жерден эмес. Себеби ушул жылы Кадыр Өмүркулов өзүнүн 65-жылдык мааракесин белгилөөгө камданып жатат. Ал эми “Бакайдын жайыты” деп аталган тасмага туура 40 жыл толот. Бул сценарийди Кадыр Өмүркулов өзүнүн дипломдук ишине карата жазган эле.

-"Бул жерде менин чыгармачылык гана тагдырым чечилген жок, бул жерде мен өзүмдүн өмүрлүк тагдырым менен байланыштуу да. Мен ушул “Бакайдын жайытында” өзүмдүн өмүрлүк жолдошумду ошол фильм тартылып жаткан кезде таанышып, анан ошону менен биз 40 жылдан бери биргебиз",- деди Кадыр Өмүркулов.

“Бакайдын жайыты” тасмасын көрүү үчүн келген студенттер кызыгуу менен Калык аттуу каармандын балалык чагына күбө болушту. “Тасма сиздин купулуңузга толдубу?” деген суроо менен Токтокан аттуу студентке кайрылдык:

-"Албетте бул кино мага абдан жакты. Бул фильмди көрүп жатып руханий дүйнөң да байыйт. Анткени жайлоодо жайында, кыштоодо кышында өсүп жаратылыш менен байланышып, гармониялашып жашаган кыргыз эли. Ошол эле Калыктын шаардан келе жатып суктануусу, сагынычы, кусалыгы аябай чоң сезим калтырат. Анан мени таң калдырган нерсе, 60-70-жылдардагы кино, азыр дагы өз актуалдуулугун жоготпой, азыркы учурда да жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп сүйүктүү фильмдеринен болуп келе жатышы,-деди Токтокан.

Кыргыз-Түрк Манас университети Түркиянын 9-чу президенти Сулейман Демирель жана Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев тарабынан 1995-жылы негизделген. Учурда аталган университетте 2700гө жакын студент билим алат.

КВОРУМДУН ЖОКТУГУ - ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН БОШТУГУ

Аманбек Жапаров,Бишкек Жогорку Кеңештин жыйыны апта ичинде кворумдун жоктугунан бир нече ирет болбой калды. Айрым байкоочулар кворумдун жоктугу, депутаттардын көз караштары келишпей эки топко бөлүнүшү, барып-келип парламентти өзүнөн өзү таркоого алып келиши мүмкүн деген божомолдорду айтышууда. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов парламенттин таркоосуна эч кандай негиз жок деген ишенимде.

Айрым байкоочулар Жогорку Кеңештин депутаттары компромисске келишип, экономикалык-социалдык орчундуу маселелерди чечүүчү мыйзам долбоорлорун кабыл алышып, активдүү иш алып барышпай, ич ара бөлүнүүлөргө жол берсе оор кризиске учурашы мүмкүн деген көз караштарын айтышууда. Алардын баамында акыркы мезгилдерде парламенттеги кворумдун жоктугу кандайдыр бир саясий оюндардын башталышынан кабар берет. Парламент депутаттарынын ич ара келишпестиги, ар кандай топторго бөлүнүшү жаңы төраганы шайлоо учурунда ачыкка чыкты, дейт экс-депутат Бакыт Керимбеков.

-Элдер менден сурап атышат. Эмне үчүн парлментте азыр кворум болбой атат?-деп. Мен айтар элем ,“Балык башынан сасыйт” дегендей парламентте да “сасык” жыт жыттана баштады. Себеби, төраганын отставкасын караганда 61 депутат бюллетень алыптыр. Үкөктөн 62 бюллетень чыгып атпайбы. Бирөөнү кошуп коюшуптур. Өзүңөр билесиңер депутаттык шайлоодо бюллетень кошуп коюшуп ызы-чуу чыгарышат экен. Бийликтин бир бутагы Жогорку Кеңеште айрым депутаттар өздөрү бюллетень кошуп аткандан кийин, депутаттар өздөрү чечим чыгарыш керек. Иштейбиз же иштебейбиз,-деген.

Бакыт Керимбеков белгилегендей, депутаттар парламентти кризиске учуратпашы үчүн регламентти сактап, мыйзам бузууларга, ар кандай топторго бөлүнүүгө жол бербөөсү керек.

Ал эми парламент төрагасы Марат Султановдун пикиринде, кворумдун жоктугунан саясий себеп издөөнүн зарылчылыгы жок.

- Кворум жөнүндө. Бул жерде эч кандай саясий оюн жок. Чет мамлекетке иш сапары менен бир депутаттык топ кетип калыптыр, деп көпчүлүк суроо берип жатат. Ал депутаттык топ буга чейин эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешкен экен. Ошондуктан эл аралык уюмдар ошол депутаттык топту командировкага жиберишиптир. Бул командировкалар төраганы шайлоого чейин эле пландаштырылыптыр. Мен ойлоп атам, парламентте өзүн-өзү таркатуу тууралуу ой жок. Мен канча депутат менен сүйлөшүп көрдүм бирөө дагы андай ой айткан жок,-деди спикер Марат Султанов.

Жогорку Кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаевдин айтымында, парламент иштей баштагандан бери кворум маселеси боюнча талаш-тартыш болуп келүүдө:

-Ушул айтылып жаткан пикирлерге кошула турган жөнүм болуп турат. Биз иштей баштаган биринчи күндөн бери эле кворум менен камсыз кылуу боюнча бири-бирибиз менен талашып-тартышып, урушуп-талашып жүргөн деле мурдагы чакырылыштагы 25 депутат. “Тегин жерден өрт чыкпайт” дегендей, жанагы акчалуу бай депутаттардын Жогорку Кеңештен көңүлдөрү калып калган окшойт. Дүйшөмбүдө олуттуу бир сүйлөшүп алып, мен айтайын деп атам, “Депутаттар иштесек иштейли, ишибиздин бир натыйжасы болсун. Иштебей турган болсок, анда элге жаман көрүнбөй, президентке жаман көрүнбөй, бири-бирибизге жаман көрүнбөй тарап кетелик” деген сунушту айтайын деп отурам.

Дооронбек Садырбаев ошондой эле айрым депутаттар мамлекеттин, элдин кызыкчылыгынан жеке өзүнүн керт башынын кызыкчылыгын жогору коюп, парламенттин кадырын кетирип жатат деген оюн билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG