Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 22:44

Кыргызстан

КҮРМӨНТҮ ЦЕМЕНТ ЗАВОДУН КАРАГАНДАЛЫК ИШКЕРЛЕР САТЫП АЛДЫ

Ысыккөл облусунун Түп районундагы Күрмөнтү цемент заводу банкротко учурагандыктан аукционго коюлган эле. Аны жакында Караганда цемент заводу сатып алды. Эми өндүрүш объектисинин 83 пайызы казак ишкерлеринин энчисине өткөндүктөн ишти дээрлик алар жүргүзүп атат.

Акиташ, цемент чыгаруучу жергиликтүү сырьенун сапаттуулугу менен өзгөлөчөнгөн Күрмөнтү цемент заводу мындан 50 жыл мурда Түп районунун күн чыгыш тоолорунун түбүндө курулган экен. Адистердин айтуусунда бул жерде цемент, акиташ жасалчу кен 200 миң жылга жетет. Сапаты жагынан Кыргызстан жана Казакстан боюнча биринчи орунда турат:

- Кудай берген ташта эң жогору кальций бар. Ошон үчүн бул таштан 500 маркадагы цемент чыгат, эң жогорку сорт акиташ чыгат – дейт 1200 градус ысыкта бышып аткан акиташ мешин көзөмөлдөп жаткан директордун орунбасары Иманбек Тyниев.

Казактардын 12 млн. сом, салык 800 миңден ашык эмгек акы төлөмдөрүнө карабай бул заводду сатып алганынын сыры мына ушунда экен. Заводдун жаңы директору Мухамед Жулдосбаев Казак Республикасы дагы сапаттуу цементке кызыкдар болуп атканын жашырган жок:

- Сатып алганыбыздын негизги себебин айтсам, бизнести ушунча көп карыз менен баштоо сейрек кездешет. Бирок ошентсе дагы тобокелге салып заводду кеңейтип, оңдоп атабыз. Цемент чыгара баштасак, кымбат болсо дагы жакшы өтөт. Демек, бул кадамга ойлонуп туруп барганбыз.

Учурда бул жерде суткасына 70 тонна акиташ гана даярдалууда. Казак ишкерлери келечекте бир жылда 20 миң тонна акиташ, 80 миң тонна цемент чыгарууну пландап атышат. Белгилеп кетчү нерсе, Түп районунун мурдагы акими Намазалиев акционер болуп турганда финансылык мүчүлүштүктөрдөн иш сотто каралып, өндүрүш эки жыл үзгүлтүккө учураган. Директордун орунбасарына мына ушул өңүттө айрым суроолор менен кайрылдык.

- Канча жыл токтоп турду завод?

- Союз тарагандан кийин токтоп калган бул завод. Арга жок биз бир акиташ бышырган печкабызды реконструкция кылып туруп, өзүбүз жасап алдык.

- Коомчулукта, бул жерде иштеп кеткен жумушчулар да айтат үзгүлтүккө учурап иштебей калгандыгы, көп жабдыктар сатылып кеткен деп?

- Анча-мынча жабдыктар сатылды. Салыкка карыз болуп калып, ошонун эсебинен төлөгөнбүз.

Мурдагы жетекчи Кыргызстан акционердик коммерция банкында завод эки жыл бою күрөдө турганын мындайча чечмеледи:

- АКБ Кыргызстанга бул завод күрөгө коюлуп, акча алынып келаткан. Негизги бул мурунку акицонердин чечими боюнча алынып, акча заводго түшкөн эмес – деди күрөдөн алынган каражат башка булактарга жумшалып кеткенин кыйыткан Меркебек Кыштобаев.

Кыргызстанда мындай заводдор токтоп тургандан көрө башкалар деле иштете берсин деген чечим менен тиешелүү жетекчилер казактарга сатканы менен анын өнүгүсүнө түздөн түз көз салып турарын белгилешүүдө. Өлкөнүн соода жана өнөр жай министри Алмаз Атамбаев 1956-жылы курулган цемент заводунун абалы менен таанышып, объект Кыргызстанга кала тургандан кийин аны кеңейтүү сунуштарын кубaттаганын билдирип кеткен. Ал эми директор Мухамед Жулгасбаевдин айтуусунда жакынкы аралыкта завод толук кубаттуулукта иштеп, курулушка керектүү цементтен жасалган трубалар да чыгарыла баштайт. Ал үчүн Челябинскидеги хром жана 20 миң тонналык оор жабдыктарды, эки чакырым бийиктикке көтөрө турган техникаларды алып келүү, ошондой эле кошумча цехтерди куруу иштери башталды. Сөзүнүн аягында директор мындай биргелешип иштөөгө казак-кыргыздын боордоштугу да себепкер болгондугун белгиледи:

- Казак, кыргыз калкынын арасындагы достук да бирден-бир себепкер болду.

Учурда бул жерден Тамчы эл аралык аэропорту 25 миң тонна, эс алуу жайлар 10 миң тонна цемент алууга кезеке жазылышты.

КАНЫКЕЙ ЭРАЛИЕВАНЫН ЮБИЛЕЙЛИК КОНЦЕРТИ, АРХИТЕКТУРАЛЫК КӨРГӨЗМӨ, “ЭЛИК КЫЗ” БАЯНЫ

Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти, композитор Каныкей Эралиева дүйшөмбү, шейшемби күндөрү Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда жеке концертин берди.Концертти Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри, белгилүү ырчы-аткаруучулар, ошондой эле “Ак- шоола” балдар хору коштоду. 400дөн ашык чыгарма жаратып, көптөгөн чыгармачыл адамдарга көмөк көрсөтүп, шакирттерди тарбиялаган ырчы: “Бул юбилейлик концертти элге отчет берүү максатында өткөрүп жатам, чыгармачыл адамдын бактысы-эл менен дайыма бирге болуу. Сенин жазган ырларыңды эл ырдап, элдин жүрөгүндө сакталып калса, ошол өзү бакыт”,-дейт.

Аптанын шаршембисинде Ольга Мануйлованын үй музейинде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген архитектору Аскар Исаевдин 75 жылдык мааракесине карата көргөзмө ачылды. Көргөзмөгө архитектордун кесиптештери менен бирге бир катар маданият ишмерлери катышышты. Салтанатта архитекторлор кошунунун төрагасы Акмат Алсейитов куттуктоосун айтып, Аскар Исаевга алтын медаль тапшырды. Аскар Исаев өлкөнүн курулуш иштеринде чон салым кошкон. Ал 1968-жылдан 1972-жылга чейин Фрунзе шаарынын башкы архитектору, 1986-жылдан 1991-жылга чейин архитекторлор кошунунун төрагасы болуп эмгектенген. Анын айтымында 100гө жакын долбоорду ишке ашырган. Алардын айрымдарын атай кетсек борборубуздагы байланыш үйү, “Сейил” рестораны, монументалдык көркөм өнөрдө Фрунзенин, Токтогул жана Лениндин эстеликтери.

15-мартта Касымаалы Баялинов атындагы китепканада балдар жазуучулары менен мектеп окуучуларынын жолугушуу кечеси өттү. Кече аталган китепкананын кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, анда балдар жазуучулары Зайнидин Ишеновдун “Балдарга мен ыр сунам” Сулайман Рысбаевдин “Айжаз менен Бегулан” жана Эллира Акбарованын “Элик кыз” аттуу китептеринин бет ачары болду. Элик кыз аттуу жомок китептин автору Эллира Акбарова учурда КМУУнин чет тилдер факультетинде окуйт. Ал бул жомокту 4-классында жазган. Анын бул китеби мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын колдоосу менен 2000 нускада басылып чыгып, китепканаларга, бала-бакчаларга бекер таратылган.

Касымаалы Баялинов атындагы китепканада өткөн дагы бир маданий иш-чарага токтолсок жума күнү Нооруз майрамына арналган сахналаштырылган оюн-зоок өткөрүлдү. Кечеге борборубуздагы мектеп окучуулары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен өкүлдөр келишти. Салтанатка келген коноктор ыр-күүлөрдү угушуп, түрдүү улуттун бийлерине күбө болушту. Кеченин соңунда АКШнын Кыргызстандагы элчилигининен келген өкүлдөр сөз сүйлөп, балдарга майрамдык белектерин тартуулашты.

АСКАР АКАЕВ ЖООПКО ТАРТЫЛМАЙЫНЧА АКСЫЛЫКТАРДЫН КӨКСӨӨСҮ СУУБАЙТ

Ырысбай Абдыраимов, Кербен Бүгүн Аксы районунда мындан төрт жыл мурда бийликке каршы нааразылык жүрүш маалында курман болгон жигиттерди эскерүү митинги өттү. Сөзгө чыккандар мурдагы авторитардык режимди кулатуу аракеттери дал ушул Аксы окуяларынан башталган деп баа беришти. Аксы окуясынын чыныгы күнөөкөлөрүн жоопко тартууну создуктуруп жаткандыгы үчүн бийликке келген кечээки оппозиция да сынга алынды. Митинг катышуучулары эгер Аксы каргашасында төгүлгөн кан үчүн күнөөлүү адамдар Аскар Акаев баш болуп жоопко тартылбаса, президент Курманбек Бакиевдин өзүн кызматтан кетирүү үчүн кол топтоо акциясын баштай тургандыктарын билдиришти.

Чыгып сүйлөгөндөр Аксы алааматы жаңы бийликтин тушунда да акыйкат тергелбей, чыныгы күнөөкөлөр жазаланбай жаткандыгына нааразы экендиктерин айтышты. 17-мартта уулу каза болгон Четинбаев Момунбек Аксы окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин аягына чыкпай жаткандыгына нааразы болду.

Депутат Азимбек Бекназаровдун айтымында, мурдагы бийлик тушунда элди каратып уруп-соккондорго кылмыш иши ачылган жок, Аксы, Баткен, Ош, Барскоон окуялары өз баасын алган эмес:

- Ал иш таптакыр теpгелген эмес, болгон фактылар жоголгон, бурмаланып калган. Ошондуктан көп убакыт талап кылынган.

Митингге катышкандар конституциялык реформа жүргүзүү, Аскар Акаевди жоопко тартуу жана 24-мартты тынч өткөрүү жөнүндө президент менен саясий партияларга, эл аралык уюмдарга кайрылуу кабыл алды. Кайрылуунун талаптары аткарылбаса Курманбек Бакиевди кызматтан кетирүүнү талап кылып кол топтоолору эскертилди.

Губернатор Искендер Айдаралиев жогоркудай талапты чечсе болорун айтып, элди сабырдуулукка чакырды:

- Мен ойлойм, Курманбек Бакиевдин ордуна алтын президент болсо дагы бир жылдын ичинде экономикалык жана башка багыттар боюнча өзгөртө албайт. Ошон үчүн убакыт көрсөтөт. Аны эл сабырдуулук менен күтүш керек.

Эскерүү митингисине Адам укугу боюнча Президент алдындагы комиссиянын башчысы Турсунбек Акун да катышты. Ал 2002-жылы жергиликтүү эл милиция менен кагышып, кан төгүлгөңдө элдин ичинде болгон.

- Эгерде Аксылык алты азамат курман болбогондо, анда 24-март 2005-жылы болгон революцияда миңдеген, жүздөгөн адамдардын каны төгүлөрү шексиз болчу,-деди Турсунбек Акун.

ОШ: ЫҢКЫЛАПЧЫЛАР БИЙЛИКТИ АКАЕВ РЕЖИМИНИН КАЛДЫГЫНАН ТАЗАЛООНУ ТАЛАП КЫЛЫШТЫ

Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош шаарында "Марттагы элдик ыңкылап" коомдук бирикмесинин биринчи курултайы болуп өттү. Анда жаңы бийликтин бир жыл ичинде аткарган ишине жалпы баа берилип, Акаев режиминин тушунда коомчулукка күмөндүү иш аракети менен белгилүү болгон республикалык, шаардык жана облустук деңгээлдеги мекеме, уюмдардын жетекчилерин токтоосуз кызматтан алуу талаптары айтылды.

Курултайдын башында "Марттагы элдик ыңкылап" коомдук бирикмесинин төрагасы Тимур Камчыбеков атайын доклад менен чыгып сүйлөп, март окуяларынан кийин өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөрдү жасоодо президенттин, өкмөттүн алсыздыгын сынга алды:

- Белсенип ишке киришүү үчүн убакыт жетишерлик. Буга президентибиз Курманбек Бакиев да, премьер-министр Кулов да, өкмөт да жыл карата чечкиндүү иштебей жатышканын ачык эле айтып коюшуптур. Бизде паспорту жок атуулдардын саны миңдеп саналат. Тактап айтканда, паспорт проблемасы али да болсо чечилген жок. Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык жарандардын турмушун айтпай эле коелу. Акаевдин жеке бийлигине шарт түзгөн кошоматчы жетекчилерди бийлик органдарынан алып салмайынча, мамлекеттик саясатта өзгөрүү боло турган эмес.

Курултайдын ишине катышып отурган Ош облусунун губернатору Адам Закиров жаңы бийлик социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү жасоо үчүн бир кыйла убакыт талап кылынарып айтып, 14 жыл аралыгында бүлүнгөн чарбаны бир жылда эле калыбына келтирүү мүмкүн эмес экенине токтолду:

- Жаңы келген бийлик эч нерсе кылбай жатат деген бир аз туура эмес болуп атат. Ошондуктан жаңы төрөлгөн баладай эле, бир жашка чыкканга чейин тамтуң басып, бир жашка чыккандан кийин басып, анан иш аракеттер башталат. Ошондуктан сабырдуулук кылyy керек.

Чыгып сүйлөгөн ыңкылапчылардын көпчүлүгү республикалык, облустук жана шаардык деңгээлде мурдагы эле паракор, коррупционер жетекчилер отургандыгын айтышып, мамлекет башчысы бийлик органдарын тазалоону тез арада ишке ашырбаса өзүнө кыйын болуп каларын эскертишти:

- Жерлер мыйзам бузуу жолу менен ар кимге сатылып атат. Революциянын жеңиши ушулбу, биз ушуну күттүк беле? Ушундай фактылар боюнча жыйынтык чыгарып, чара көрбөсөк, экинчи революция болуп кетиши да мүмкүн – дейт "Марттагы элдик ыңкылап" коомдук бирикмесинин мүчөсү, акын Абдырашит Урбаев.

Жыйындын жүрүшүндө ыңкылаптын талаптарына каршы келген жетекчилер катары республикалык деңгээлдеги президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиевди, Чукул кырдаалдар министри Жаныш Рустамбековду, коргоо министрлигиндеги генерал Калмурат Садиевди, ошондой эле облустук жана шаардык деңгээлдеги жыйырма жетекчини кызматтан токтоосуз кетирүү маселеси талкууга коюлду. Ыңкылапчылардын мындай талабына карата Ош шаарынын мэри Жумадыл Исаков жооп кайтарды.

- Азыркы айтылган тизмени терең карап көрсөк, арасында бар ошондойлор. Ошон үчүн мен ойлойм мамлекет, жергиликтүү бийлик тараптан жетекчилерди дагы бир сыйра карап, иликтеп, баа бериш керек,-деди мэр.

Курултайдын аягында оштук ыңкылапчылар мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин атына мамлекеттик бийлик органдарын иш аракети күмөндүү жетекчилерден тазалоо, ыңкылаптын идеяларын бийик тутуу, элдик кызыкчылыктарды коргогон программаларды иштеп чыгуу сыяктуу маселелерди ичине камтыган кайрылуу кабыл алышты.

БИШКЕКТЕ АТАКТУУ ААЛЫМ САЛИЖАН ЖИГИТОВДУ ЭСКЕРИШТИ

Маркум аалым Салижан Жигитов тирүү болгондо, бүгүн 17-мартта 70 жашка толмок ... Ушул күнү кыргыз-түрк Манас университетинде Салижан Жигитовду эскерүү жыйыны болду.

Жыйынды кыргыз-түрк Манас университетинин гуманитардык факультетинин деканы Ильхам Шахун ачып, андан аркы сөзүндө Ильхам Шахун Салижан Жигитовдун көп тараптуу билимгөй инсан болгонун жана анын эмгектери түрк элинин да эсинде сакталарын белгиледи:

Салижан Жигитов өзүнүн пикирлери, көз-караштары жана эмгектери менен дайыма жүрөгүбүздө жашайт.

Кыргыз-түрк Манас университети Салижан Жигитовдун бардык эмгектерин чогултуп жана окумуштуу жөнүндөгү коомчулуктун эскерүүлөрүн, пикирлерин кошуп, илимий академиялык басылма чыгармакчы. Кыргыз-түрк Манас университетинин ректору Карабек Молдобаев Салижан Жигитовдун көп тараптуу мурастарына токтолду:

Салижан Жигитовдун мурасы – кыргыз калкынын, бүт эле Кыргызстандын калкынын бутуна туруп алга жылышында маанилүү булактардын бири болоруна терең ишенем.

Салижан Жигитовдун эмгектери Түркияда да кеңири белгилүү экенин жана айрыкча акындын “Шуулдаба теректерим” деген ыры түрк окурмандарына да терең таасир эткенин айтты атайын Түркиядан келген адабиятчы Хусейин Өзбай. Ал эми Кыргыз-түрк Манас университетинин ректору Сейфуллах Чевик Салижан Жигитовдун өрнөк болор жагын белгилеп айтты:

Бул киши эч коркпогон, көңүлүндө эмне болсо ачык сүйлөгөн адам эле. Элдин келечеги жөнүндө,кыргыз балдары тууралу эмне ойлосо, ошонун баарын эч кимден коркпой коомчулуктун алдында ачык сүйлөдү. Бул биз үчүн абдан маанилүү өрнөк.

Жыйындын жүрүшүндө Салижан Жигитовдун ар кайсы жылдардагы сүрөттөрү маркум Асанкалый Керимбаевдин обонундагы “Шуулдаба теректерим” деген ырынын коштоосунда чоң тасмада көрсөтүлдү.

Белгилүү коомдук-саясий ишмер Ишенбай Абдразаков өз сөзүндө “Салижан Жигитов өзүнүн ар тараптуу изилдөөчүлүгүнүн натыйжасында дайыма коомдун келечеги жөнүндө ойлончу” деди:

Кыргыз элинин келечеги тууралуу ой дайыма Сакемдин көкүрөгүндө жүрдү...

Салижан Жигитовдун шакирттеринин бири белгилүү мамлекеттик ишмер, академик Абдыганы Эркебаев Салижан Жигитовдун – сынчылыгына, акындыгына, публицисттигине, изилдөөчүлүгүнө токтолуу менен аалымдын башка илимдерди да мыкты билгенин белгиледи:

Салижан Жигитов адабиятчы гана эмес, философияны, социологияны, психологияны, эстетиканы, парапсихологияны ошондой эле нейролингвистиканы жакшы билген, жана бул билгендерин өзүнүн эмгектерин жаратууда колдоно билген сейрек окумуштуулардан болгон.

АКСЫДА КАН ТӨГҮЛГӨН КАРГАШАЛУУ ОКУЯГА ТӨРТ ЖЫЛ ТОЛДУ

Азиза Турдуева, Бишкек Бүгүн Аксы окуясына төрт жыл болду. Милиция менен кагылышуда окко учкан атуулдардын туугандары бул окуяга күнөлүүлөрдү жазалоо талабын бүгүнкү күнгө чейин коюп келишет.

2002-жылдын март айындагы коогалаңдуу Аксы окуясында алты адамдын өмүрү кыйылган. Алардын бир туугандары андан бери бийликтен күнөөлүүлөрдү жазага тартууну талап кылып, нечен ирет нааразылык акцияларга, жөө жүрүштөргө чыгышкандыгы белгилүү. 17-мартта Боспиек айылында курман болгондордун энелеринин сот акыйкаттыгын издеген кошогу борбор калаага чейин жеткен. Алар Аскар Акаев башында турган бийликтен күнөөлүүлөрдү жазалоону өтүнүшкөн. Бирок, алардын үнү бийликке жетпей, тескерисинче, милиция кызматкерлери аларды ур-токмокко алып, үйлөрүнө мажбурлап кайтарышкан.

Аксылыктар жана бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү 24-марттагы ыңкылаптан кийин да Аксы окуясына саясий баа берилишин жана акыйкат иликтөөнүн жүргүзүлүшүн талап кылып кылууну улантышууда.

Мындай окуянын орун алышын саясатчылар мурдагы бийликтин ишиндеги кемчиликтер менен байланыштырат.

-Бул окуя чындыгында эле бийликтин авторитардык режимге өткөнүнө байланыштуу болду. 1995-96-жылдардан тарта эле авторитардык, үй-бүлөлүк башкаруу системасы орнотула баштаган. 2001-жылы болсо, Үзөңгүкууш маселесинин көтөрүлө баштаган. 140 миң гектар жерди Кытайга берип койгонунун бети ачылып, президентке импичмент жарыялоо маселеси көтөрүлгөн. Аксы окуясынын себептери мына ушуга байланыштуу болгон. Башкы себеби- авторитардык режимде болду. Аксы окуясы Кыргыз тарыхында кара так болуп калды»,-дейт депутат Азимбек Бекназаров.

Көптөгөн серепчилердин көз карашында да Аксы окуясы кокустук болгон эмес. Айрым депутаттар март ыңкылабынан кийин да Аксы окуясына күнөөлүү адамдар сот жообуна тартыла электигин сынга алышууда. Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов буга байланыштуу мындай дейт:

Аксы окуясында элди атуу бул эң жогорку деңгээлде кабыл алынган чечим. Курал жөндөн жөн гана колдонулуп кеткен эмес. Бирок, жаңы бийлик келгенине бир жыл чамалап калганына карабастан, Аксы окуясына күнөөлүү адамдардын жоопко тартылбай жаткандыгы өкүнүчтүү көрүнүш .

Ал эми президенттик администрациянын мурдагы жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков Аксы окуясын кокустук катары сыпаттап, аны улам козгоонун зарылдыгы жок деп эсептейт:

«-Эми Аксы окуясы эч качан кайталанбасын. Мен бул окуяны кокустук деп түшүнөм. Бул окуя боюнча сот, иликтөө иштери жүргүзүлүп, чаралар көрүлүп бүттү да. Эми кайрадан эле аны козгоп, көтөрө бергендин эмне кереги бар? Бул адамгерчиликке да жатпайт», -дейт Болот Жанузаков.

Атуулдук коомдун өкүлдөрү, айрым саясатчылар Аксы окуясына күнөөлүүлөр азырга чейин сот жообуна тартыла электигине учурдагы бийликти да күнөөлөшүүдө. Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун президент Курманбек Бакиев Аксы окуясына күнөөлүүлөр жазаланышы керек деген көз карашта экендигин билдирди:

«Президент Аксы окуясына күнөөлүүлөр жазаланышы керек деген пикирде. Мамлекет башчы ошондой пикирде болгондон кийин, сөзсүз түрдө бул маселеде жыйынтык болот деп ишенем. Ал аксылыктарды бир нече ирет кабыл алды. Эми мына Аксы окуясына байланыштуу сот иши кайра каралууда. Албетте, Аксы окуясына саясий баа берилип, күнөөкөрлөр жазаланышы керек», - деп айтты Турсунбек Акун.

24-марттан кийин сот чечими менен каржы министрлиги Аксы окуясында курман болгондордун туугандарына компенсация иретинде 1 млн. сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген.

АКСЫ АЛААМАТЫ, 24-МАРТ: РЕВОЛЮЦИЯБЫ ЖЕ ТӨҢКӨРҮШПҮ

17-марттагы гезиттерде мындан 4 жыл илгери өткөн Аксы алмаатынын сабактары, бир жыл мурунку элдик ыңкылап тууралуу ойлор, пикирлер, сунуштар, комментарийлер арбын жарыяланды.

“Кыргыз руху” гезитинде Кыргызстандын Башкы прокурору Камбаралы Конгантиевдин “Арааны ачылган Акаев” деген макаласы жарыяланды. “Прокуратура органдары А.Акаевге, анын туугандарына жана жакындарына тиешелүү болгон мүлктөрдү изилдөөдө 79 кылмыш ишин козгоду. Бул иштер боюнча мамлекетке жана коомубузга келтирилген чыгым астрономиялык сумманы – 442,8 млн. сомду жана 29 млн. 680 миң америкалык долларды түздү. Тергөөнүн жүрүшүндө 173,9 млн. сом кайтарылды. Кылмыш иштер боюнча 1 миллиард 389,9 млн. сомдук, 160 миң евролук жана 60 миң долларлык мүлккө арест коюлду”, деп маалымдайт К.Конгантиев.

Башкы прокурордун маалымдашынча, Аскар Акаевдин уулу Айдарга каршы 5 кылмыш иши козголуп, айтылуу “Мээрим” фондуна байланышкан 28 кылмыш иши териштирилген.

Жума күнкү “Жаңы кылым” гезитинде Мирлан Дүйшөнбаевдин “Эстен кеткис Аксы окуясы же өзүм күбө болгондорду эскерип...” деген көлөмдүү макаласы жарыяланды. Боспиектин жанында тынч келаткан элди милиция кызматкерлери кантип атканын М.Дүйшөнбаев мындайча сүрөтттөйт: “Немецтик фашисттерди бутага алгандай шерденген Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери дагы артынан үч-төрт жолу атып, тийгизе албай калат. Алар мал жайып жүрүп, эл чогулганын көрүп жөн эле бастырып келип калышкан балдар экен”.

“Жаңы ордо” гезитинин жума күнкү санында Жоробек Мурадиловдун “Элинен качкан экс-прездент” деген макаласы жарыяланды. А.Акаевдин кош майрам алдында элге кайрылуусуна жооп кылып автор: “А.Акаев студенттерге тердеп-кургап дарс окуп, танаписте казы-чучуктун ордуна университеттин буфетинен бутерброд жеп, кечинде болсо аялы менен кызынан “ушунун баары сенин жүүнү боштугуңан болду” деп тил уккан киши жатып алып Алатоосуна кат жазбагандан башка эмне иш кылат”, деген жүйөөсүн ортого салат.

А.Акаев жакын адамдарынын, үй-бүлөсүнүн эмне иш кылып жатышкандарын жакшы билгенин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Мамбетжунус Абылов “МСН” гезитиндеги “Ыңкылап болду” деген макаласында ырастаган. Үй-бүлөсүнүн жасап жаткан иштеринен корккон А.Акаев 2005-жылы кандай да болсо бийликте калуунун амалын ойлоп, парламент шайлоодон жалаң бийликтин камчысын чабышка кайыл адамдарды өткөрүүгө аракет кылып, Конституцияны өзгөртүүгө ниеттене баштаган, дейт макала автору.

Конституциялык реформа, Аксы окуясы тууралуу жума күнкү “Аалам” гезитинде Жогорку сот төрагасы К.Осмонов ой жүгүрткөн. Анын ырасташынча, соттук реформаны мыйзам реформасы менен кошо жүргүзүү керек. Соттор кол тийбестик укугуна ээ болушу зарыл.

Ушул эле гезитте жаштардын “Келкел” кыймылынын лидери А.Мамасалиевдин маегине да орун берилген. “Бирок биз Акаевдин тушундагы Конституция менен жашап жатабыз, бийликке саясатка жаштар аралашкан жок”, дейт А.Мамасалиев.

Жума күнкү “Агым” гезитинде парламент депутаты А.Бекназаровдун “Күнөөлүүлөрдү жазалаганга жетишпей калдым” деген маалымат жыйынындагы пикири жарыяланды. “Аксы окуясына күнөөлүү катары ошо кездеги премьер-министр Бакиев Коопсуздук кеңеш жыйынында кызматтан алынган... Биз ага күнөөлүү катары сурак алууну айтканбыз, бирок болбой калды”, дейт А.Бекназаров.

А.Бекназаров Башкы прокурор болуп турганда Аксы окуясына күнөлүүлөрдү жазалоого жетишмек, бирок ал саясатташып жүрүп алды, дейт белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун ушул эле гезиттеги маегинде. “Кызматтан алынышына Азимбек өзү негиз берди. Мисалы, качкындар бизге келгенде эларалык конвенцияга туура келбеген ишти жасап” “өз билгенин кылган” , дейт Т.Акун.

17-МАРТТАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР

Бу күн Ирландиянын коруучусу Ыйык Патрикти эскерүү жана айтылуу окумуштуу жана адабиятчы Салижан Жигитовдун туулган күнү катары эл эсинде калды.

Бу күнү айтылуу адабиятчы, таанымал окумуштуу, көп кырдуу талант ээси Салижан Жигитов 70ке чыкмак. Салижан Жигитов 1936-жылдын 17-мартында Ош областынын Өзгөн районундагы Көлдүк айылында жарык дүйнөгө келген. 1951-жылы туулган айылындагы жети жылдык мектепти бүтүрүп, борбор шаардагы айтылуу № 5 – орто мектепке келип, 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин ийгиликтүү аяктаган. 1962-1965-жж. Кыргыз ССРнин Илимдер Академиясынын тил жана адабият институтунун аспирантурасында окуп, 1956-жылы кандидеттык диссертацияны, 1992-жылы филология илимдеринин доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

Салижан Жигитовдун жемиштүү эмгек жылдары Илим Академиясы, Улуттук университет, Кыргыз энциклопедиясы жана Кыргыз-түрк “Манас” университети менен байланышкан. Кези келгенде ал –

Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук саясат боюнча мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеди. Салижан Жигитов 300 чамалуу илимий, илимий популярдуу жана популярдуу макалалардык автору болчу.

17-март Ирландиянын коруучусу Ыйык Патриктин күнү катары белгиленет. Уламыштарга ылайык, ыйык Патрик кайырдин аралга христиан динин алып келип, мындагы жылаандарды жоготкон адам катары бааланат. Бу күнү пиво суудай агып, ыр, күлкү адамдын дүйнөсүн ээлейт. Ыйык Патрик майрамы жалаң эле Ирландия эмес, ирланддыктар жашаган өлкөлөрдө белгиленет.

1991-жылы СССРди сактап калуу үчүн Бүткүлсоюздук референдум өткөрүлгөн.

18-март 1871-жылкы Париж Коммунарларынын жеңиш күнү катары майрамдалат.

Мындан 40 жыл илгери, 18-март 1965-жылы, летчик-космонавт А.А.Леонов биринчи жолу ачык космоско чыккан.

2002-жылдын 17-мартында Аксыдагы Азимбек Бекназаровду колдогондорго ок атылып, адам өмүрү кыйылган.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ООР АТЛЕТТЕР ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШТЕРГЕ ДАЯРДАНУУДА

18-мартта Чымкент шаарында жаштар арасында оор атлетика боюнча Казакстандын ачык биринчилиги болмок, бирок мелдеш Нооруз майрамынан кийинкиге жылдырылды. Бул таймашууларга кыргызстандык жаштар да катышууга ниет кылышууда.

Кыргызстандык жана казакстандык жигиттер Чымкент шаарында биргелешкен машыгууларды өткөрүштү. Казакстанда оор атлетикага өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыктан, өлкөнүн жаштарын сындан өткөрүү үчүн күч сынашууга кошкону тургандыгын Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Өмүржан Молдодосов айтып берди:

- Казакстандын ачык Кубогуна 20 жашка чейинки уландар жана жаштар катышып, күч сынашмакчы. Кыргызстандан үч спортчуну мөрөй талашууга кошкону даярдадык. Алар: 56 кг салмактагы Өмүржан уулу Султан, 69 кг. салмакта Кенжебай Тажибаев жана 77 кг. салмакта уландар арасында Азия чемпиону Замир Ашырбаев. Ошондой эле 16- апрелде Ташкентте чоңдор арасында Азия Кубогу болмокчу. Буга Кыргызстандын командасы толук курамы менен барууга ниет кылып жатабыз. Ошондой эле жогоруда аталган жаштарды да такшалдыруу максатында алып барып, таймашууга кошобуз.

Былтыр Ташкентте өткөн уландар арасында Азия чемпионатында кыргызстандык Замир Ашырбаев алтын медаль тагынып, жеңүүчү аталган. 14 жаштагы Өмүржан уулу Султан Ташкентте Азия чемпионатынын коло байгесин утуп, мелдештин эң жаш жеңүүчүсү деген сыйлыкка арзыган. Ал Бишкектеги №29- мектептин 9- классынын окуучусу. Султандын агалары Улан менен Кутман Молдодосов оор атлетика боюнча ислам оюндарынын жана Азиянын чемпиондору экенин эске алсак, быйыл 15 жашка жаңы толгон Султандын келечеги али алдыда. Ал алдыдагы максаттары тууралуу мындай деди:

- Улуу агам Улан студенттер арасында дүйнө чемпиону. Ошондой эле ал биринчи ислам оюндарынын жана Азиянын алтын медалын тагынган. Ортончу агам Кутман да Азия чемпону. Биздин үйбүлөөдө оор атлетикадан жетөөбүз спорт чеберибиз. Мен болсо үч жылдан бери оор атлетика менен машыгып, агаларымдын жолун жолдоп, алардан ашып түшүп, Каныбек Осмоналиевдей олимпиадалык, дүйнөлүк чемпион болсом деген тилегим бар. Бизде намысты бийик көтөрүп жүргөн жаштар арбын.Аларга шарт түзүп, камкордукка алынса ийгиликтер болмокчу. Мындай коңшу өлкөлөрдөгү мелдештерге барсак чеберчилик да жогорулайт. Кыргыздын туусун бийик көтөрүүгө аракет кылам.

Кыргызстандын оор атлетчилер командасынын капитаны Улан Молдодосов баштаган жигиттер апрелде Ташкентте өтө турган Азия Кубогуна барууга даярдык көрүп жатышат.
Быйылкы негизги таймашуу- декабрда Катар өлкөсүнүн Доха шаарында өтө турган 15-Азия оюндары экенин, ага азыртан даярдык көрүп жатышканын оор атлетчилер айтышты.

Оор атлетика боюнча Кыргызстандын командасы 1934-жылдан бери ар кыл мелдештерге катышууда. Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан Каныбек Осмоналиев дүйнө чемпионатында 4 жолу алтын байгелүү болуп, Москвадагы олимпиадалык оюндарда чемпион аталган. Кыргызстандык Сергей Ли учурунда жаштар арасында дүйнө чемпиону болгону менен чоңдор арасындагы дүйнөлүк күч сынашууда күмүш медаль тагынган.

Эгемендүү өлкө болгону кыргыз спортунун чеберлери Митал Шарипов, Үсөн Майназаров, Эмил Абдиев, Алмаз Аскеев, Шухрат Кочкоров, Улан жана Кутман Молдодосовдор дүйнө чемпионаттарына катышкан.

КЕРЕМЕТ ҮКӨК: КЫРГЫЗ РЕЖИССЕРЛОРУ ТАШКЕНТТЕН КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИКТИ ӨРКҮНДӨТҮП КЕЛИШТИ

Жаңыл Жусубжан Ташкендеги Ильхом театрын ким билбейт! Быйыл 30 жаштын кырын ашкан бул маданий очок Советтер Союзундагы алгачкы кесипкөй, бирок мамлекеттик эмес театрлардын бири болчу. Авангардчыл шаардык театрда Борбор азиялык жаш режиссерлордун лабораториясы ачылган. Анын үчүнчү сессиясына Кыргызстандан Бишкек шаардык театрынан Касенов Канат жана Ош драмтеатрынан Апыев Талантбек катышып, кечээ мекенине кайтып кетишти.

Швецариянын Борбор Азиядагы Өнүктүрүү жана Кызматташтык бюросунун колдоосу менен уюштурулган лабораториянын марттын биринен он бешине чейин созулган сессиясынын негизги темасы - пьесасы жок театр үчүн чыгарма жаратуу болду.

Ильхом театрынын көркөм директорунун орун басары, аталган долбоорунун координатору Максим Тюменов бизге буларды билдирди:

МАКСИМ ТЮМЕНОВ: Спектакль драматургиялык материалсыз, жазылган пьесасы жок, фольклордук элементтердин, импровизациянын негизинде жаралат. Бул абдан жандуу, чыгармачыл жараян. Актер менен режисер тыкыс иштешет, актер идеялар менен келет, чогуу карап, аны дагы тереңдетишет. Долбоордун катышуучулары үчүн бул абдан кызыктуу болду, анткени алар актер менен режиcсердун көз карандысыз, эркин, бир эле мезгилде биргелешкен ишин көрө алышты.

ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Силердин лабораторияда көрүп билгенин режисерлор өз мекенинде колдоно алышабы, жаңыча, эксперименталдык театрга мисалы Кыргызстанда жетиштүү шарт бар деп ойлойсуңарбы?

МАКСИМ ТЮМЕНОВ: Мен Кыргызстанда мындан эки жыл мурда болгом, "Тынчтык үчүн" деген фестивалда бир катар театрларга байкоо салып, бир нече кыргыз спектаклдерин көргөм. Айрымдары мага аябай кызыктуу көрүндү. Көрөңгөсү бар, аны өнүктүрө алышат деп ишенем. Негизи Борбор Азиялык жумурияттардан Өзбекстан менен катар Кыргызстан эң театралдашкан өлкө. Казакстанда театр коммерциялашып кетти. Тажикcтан согуштан аксап калды. Кыргызстан бул багытта стабилдүү өнүгүп келатат деп айтаар элем.

ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Максим Тюменов, Ташкендеги Илхом Театрынын өкүлү бизге ушуларды билдирди. Ал эми Бишкекте бүгүн жаш акындардын фестивалы өткөнү жатат. 30 жашка чейинки 60тан ашык таланттар тартылган иш-чара тууралуу Айжан айтып бермекчи:

АЙЖАН: Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги бекиткен “100 маданий долбоордун” алкагында уюштурулган бул иш-чаранынын демилгечилери улуттук китепкананын чыгармачыл жамааты. Аталган китепкананын жетекчиси Жылдыз Бакашева жаштардын чыгармачылыгын жандандыруу, окурмандарга тааныштуруу, жайылтуу максатында бул фестивалды өткөрүп жатабыз дейт:

ЖЫЛДЫЗ БАКАШЕВА:-Башкы максаты жаштардын чыгармачылыгын жандандыруу, ошондой эле табит мүдөөсүн калыптандыруу. Поэзия деген ыйык дүйнөнү аздектеп тандап алгандан кийин, анын тар жол, тайгак кечүүсүнө, башкача айтканда баардык кыйынчылыктарына чыдай билүү, ошол эле учурда эң бир ыйык, эң бир урмат экендигин сезе билсе деген максат.

АЙЖАН:Ал эми баардыгы болуп канча акын катышмакчы?

ЖЫЛДЫЗ БАКАШЕВА: Келип түшкөн кол жазмаларды эсептеп көргөндө алтымыштан ашык конкурсант бар. Катышуучулардын негизги бөлүгү “Калемгер”, “Жаш толкундар” жана “Нур” адабий ийиримдеринин таланттуу жаштары. Ошону менен бирге баардык жогорку окуу жайлардын филология жана журналистика факультеттеринин студенттери катышышат.

АЙЖАН:Сынактын негизги талаптары кандай ?

ЖЫЛДЫЗ БАКАШЕВА: Биринчиден сөздүн тактыгы, мазмуну, уйкаштыгы, ойдун тереңдиги, чыгарманын көркөм деңгээли, ошондой эле ырдын көркөм мазмунун ачып берүү чеберчилиги каралмакчы.

АЙЖАН: Женүүчүлөргө кандай сыйлыктар ыйгарылат?

ЖЫЛДЫЗ БАКАШЕВА: Фестивалдын жеңүүчүлөрүнө маданият министрлиги тарабынан белгиленген атайын акчалай сыйлыктар жана дипломдор ыйгарылат. Ошону менен катар жазуучулар союзу да дипломдору менен акчалай сыйлыктарын тапшырат. Ал эми биздин китепкананын жамааты жаш акындарга китеп белек кылабыз.

ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Рахмат, Улуттук Китепкананын жетекчиси Жылдыз Бакашева менен Айжан маек курду. Эгер сизди алтын шилекейин чачкан жаш акындарды угам десеңиз, саат үчтө Улуттук китепканага келиңиз.

М.МАКСИМОВИЧ: 420 МИҢ ДОЛЛАРДЫН КАЯККА ЖУМШАЛГАНЫН ИЗДЕГЕН ОҢ

420 миң доллардын доосу менен айыпталып жаткан Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбановдун жана мурда чоң кызматта турган бир катар адамдардын үстүнөн сот жараяны 16-мартта улантылды. Бул күнү экс-президенттин адвокаты Максим Максимович Аскар Акаевдин атынан көрсөтмө берип, ага коюлуп жаткан айып негизсиз деп билдирди. Анын айтымында, 420 миң долларды президентке кимдер алып барып бергенин иликтебей, ал акча каражаты каякка жумшалганын издегенде, бул маселе ачыкка чыкмак.

Сот жараянында 1999-жылы 21-декабрда Улуттук банктын 19 млн. сомдон ашуун каражатын долларга алмаштырууга, документтерди толтурууга жана финансылык операцияга тикеден тике тиешеси бар Улуттук банктын, Каржы министрлигинин өкүлдөрү келип көрсөтмө беришти. Алар жетекчилердин тапшырмасы менен бухгалтердик эреженин негизинде документтерди мыйзамдын чегинде толтурушканын айтышты.

Коргоо министрлигинин ошол кездеги каржы бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Бейшенбек Жаныбеков да көрсөтмө берип, ал каражаттарды Баткен коогалаңына жумшоого мурдагы Коргоо министри Эсен Топоев Каржы министрлиги менен макулдашканын тастыктады.

Соттук териштирүүдө айыпталуучу - Эсеп палатасынын мурдагы директору Медет Садыркулов ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловдун тапшырмасы менен экс-президенттин иш бөлмөсүнө 420 миң доллар салынган портфелди коюп чыгып кеткенин айтты.

Экс-президенттин адвокаты Максим Максимович ал акчаларды Аскар Акаев алган эмес деп билдирди сотто:

- Аскар Акаевге берилди деген 420 миң доллар каякка кетти. Ал жөнүндө иликтөө жүргүзүлгөн жок. Бул иш түздөн-түз саясий процесс.

Максим Максимович бул ишке экс-президенттин жеке катчысын, күзөт башчысын күбө катарында чакырууну сунуштады. Ал ошондой эле 420 миң долларга байланыштуу финансылык операция ачык жүргүзүлгөнүн, ага тиешелүү бардык документтер кылмыш ишинде тиркелип тургандыгын белгиледи. Анын пикиринде, 420 миң доллар каражатты кимдер каякка жумшаганын, ага кимдердин катыштыгы бар экендиги иликтенсе бул иш ачыкка чыкмак.

Борбордук казыналыктын мурдагы директору Анарбек Сатыбалдиевдин адвокаты Рысбек Нагаев мындай деди:

-Бир дагы далил жок. Уурдады деп атпайбы. Акча кайда кеткендигинен дайын жок.

Айыпталып жаткандардын бири Эсеп палатасынын мурдагы төрагасы Медет Садыркулов.

-Азыр мына биз бардыгыбыз тең көрсөтмөлөрдү берип бүттүк. Күбөлөр дагы келип сүйлөштү. Сот дагы бардыгын угуп, көрүп турду. Эми 99 пайыз биздин күнөөбүз жок экендиги көрүнүп калды,-деди Медет Садыркулов

Өткөн жылы 17-апрелде Башкы прокуратура тарабынан Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановго, мурдагы каржы министри Султан Медеровго, Эсеп палатасынын мурдагы төрагасы Медет Садыркуловго, Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгынын мурдагы директору Анарбек Сатыбалдиевге жана анын орунбасары Динара Шайдиевага ири өлчөмдөгү бирөөнүн мүлкүн уурдоого катыштыгы бар, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кылмыш ишин козголгон.

Айыпталуучулардын жакындарынын пикиринде, Амангелди Муралиев, Мисир Ашыркулов, Эсен Топоев жана ошол кездеги Коопсуздук кызматынын жетекчиси
бул сот жообуна чогуу тартылбай жатканы табышмактуу болуп турат.

ПАСПОРТ МАСЕЛЕСИ КУРЧУГАН ҮЧҮН ӨКМӨТ ДАГЫ ТИЛ УКТУ

Азиза Турдуева, Бишкек Калкты паспорт менен камсыз кылуудагы кемчиликтер четтетилбей жаткандыгы үчүн ага жооптуу мекеме жетекчилерин кызматтан бошотуу жөнүндө маселе кайрадан парламентте көтөрүлдү. Паспорт кризисин чечүүнү Өкмөт колго алганын өз кезегинде биринчи вице-премьер билдирүүдө.

Депутаттар өкмөттү, паспорт маселесине чечүүгө тиешеси бар министрликтер менен административдик ведомстволорду кескин сынга алышты.

Эми өкмөт паспорт маселесин чечип бере албаса, мындай өкмөттүн эмне кереги бар? Анда бул өкмөт башка социалдык-экономикалык маселелерди чече алабы? Паспорт маселесинин чечилбей жаткандыгы бул уят нерсе, буга өкмөт күнөөлүү,- деди депутат Ахматбек Келдибеков.

Исхак Масалиев баш болгон бир катар депутаттар эгерде апрель айында паспорт маселесин чечүүдө жылыштар болбосо буга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин кызматынан алууга чакырышты.

Паспорт маселеси чындыгында эле өлкөдөгү өзгөчө көйгөйлүү маселеге айлангандыгын биринчи вице-премьер-министр Медетбек Керимкулов өзү да баса белгиледи. Анын айтымында алдынкы 5 жыл ичинде өлкөдө 2,5 млн адамды жаңы паспорт менен камсыздоо милдети турат. Быйыл эле 700 миңге жакын атуулга паспорт таратуу керек, чет жакага чыгуучу паспортту сураган 170 миң адам бар. 160 миң адам паспортту алгачкы ирет алышат. Вице-премьер-министрдин айтымында, бугүнкү күндө паспортко муктаж адамдардын маселесин чечүүгө бардык шарттар бар деп ишендирди.

Паспортту чыгарып таратуу негизинен Маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн. Бул мекеменин жетекчиси Амангелди Кенжетаевдин айтымында 15 - мартка чейин 23 миң адамга паспорт берилди.

Ички иштер министри Мурат Суталинов паспорт кризиси ал маселенин бир нече мамлекеттик органга жүктөлгөндүгүнөн чыгып жатканын айтты.

Азыр паспорт маселесинин үстүндө ички иштер министри да, Маалыматтык ресурстар жана технологиялар агенттиги да, башка органдар да иштөөдө. Маселенин баары ушунда болуп жатат. Эгерде паспорт маселеси менен иштөө толугу менен Маалыматтык ресурстар жана технологиялар агенттигине өткөрүлүп берилсе жакшы болоор эле. Ал эми биз болсо, кылмыштуулкка каршы күрөшүп, коомдук тартипти коргойбуз .

Парламент паспорт маселесине апрель айында кайрылып келмекчи. Эгер ага чейин паспорттон чыккан кризис жоюлбаса, Өкмөттөн ишеним биротоло кетиши мүмкүн дешет байкоочулар.

420 МИҢ ДОЛЛАРДЫН ДООСУ БОЮНЧА СОТ УЛАНТЫЛАТ

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда экс-президентке 420 миң доллар берген делип айып коюлуп жаткан бир катар жетекчилердин үстүнөн сот улантылат. Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов сот жараяны бүткөнчө ээлеген кызматтынан убактылуу четтетилген болчу.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту Улан Сарбанов менен бирге мурдагы каржы министри Султан Медеров, Эсеп палатасынын мурдагы төрагасы Медет Садыркулов, Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгынын мурдагы директору Анарбек Сатыбалдиев, анын орунбасары Динара Шайдиевага каршы козголгон кылмыш иштерди кароону улантат. Аларга Баткен коогалаңы учурунда экс-президентке 420 миң доллар нак акчаны мыйзамсыз берген деген айып тагылууда.

3-мартта Улан Сарбанов Президент чечими менен сот иштери аяктагычакты кызматтан убактылуу четтетилген. Ал өзүнө коюлуп жаткан айыптоолорду негизсиз, мыйзамсыз деп четке кагып келет.

- Биз өкмөттүн өтүнүчү менен ал операцияны аткарганбыз. Төлөмдөр боюнча документтерде даана көрсөтүлгөн. Баткен окуясында түзүлгөн өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу тиешелүү адамдар ал акчаларды алышкан,-деген Улан Сарбанов.

Башкы прокуратура өткөн жылы апрель айында Улуттук Банктын төрагасы 1999-жылы 420 миң долларды экс-президент Аскар Акаевге мыйзамсыз алып барып берген деп айып койгон. Акаевдин адвокаты Максимович 1-мартта ал акчаны экс-президент алган эмес деп маалымдаган болчу.

-Аскар Акаевич эч качан ал акчаларды алган эмес. Бөлүштүргөнгө көрсөтмө да берген эмес. Ал акчаларга Аскар Акаевдин тиешеси жок,-деп айткан болчу адвокат Максимович.

Максимовичтин айтымында, жогорудагы кеп болуп жаткан каражаттар Баткен окуясында колдонулду делген божомолдор бар. Бирок, Баткен окуясындагы техникалык маселелерди чечүүнү Акаев мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевге жана ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловго тапшырган, дейт экс-президенттин адвокаты.

Бул маселе боюнча айыпталып аткан Султан Медеров сот жараянына ишенкиребей тургандыгын билдирди.

- Коркунучтуу нерсе да бар.Себеби сот жараяны башталбай туруп эле, айып коюу жагы менен кеткенсийт. Бул нерсе менин оюмча калыстыкка, адилеттүүлүккө чакыра албайт.

Айрым байкоочулар болсо Биринчи май райондук соту мыйзамдуу жыйынтык чыгарат деген пикирде.

ОШТО КҮЧ ОРГАНДАРЫ МАШЫГУУДАН ӨТҮҮДӨ

Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин ичинде террористтер кармап турган барымтадагылар 22 мүнөттүн ичинде бошотулду. Жамааттык биргеликте мындай операциянын үлгүсүн көрсөтүшкөн Оштогу күч органдарынын аракетин коргоо министри Исмаил Исаков канаттандырарлык деп баалады.

15-март күнү түшкү саат үчтөр чамасында он адамдан турган террорчулар тобу Ош облусунун акимчилигинин имаратын басып алышып, ичиндегилерди барымтага алышты. Сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыкпаган соң атайын даярдыктан өткөн отряд террорчулар турган имаратка чабуул жасады.

Улуттук коопсуздук, ички иштер, чукул кырдаалдар жана башка жарандык кызматтардын биргелештигинде ишке ашырылган операциянын бул үлгүсүн коргоо министри Исмаил Исаков орто деп баалап, машыгуунун алдына койгон максаттарына токтолуп өттү:

- Биздин максат 21-кылымда эң орчундуу маселе бул эл аралык терроризм болуп атат. Ошого биздин күч органдарынын даярдыктары кандай? Кандай деңгээлде элди тирүү сактап калабыз? Ушул максатты көздөгөн машыгуулар. Эч кандай элдин нааразычылыгына карата болгон иш эмес.

Машыгуунун жүрүшүндө негизги көңүл күч органдарынын жана жарандык кызматтардын ортосундагы өз ара аракеттенүүсүнө бөлүндү. Мындан сырткары эксперттик комиссия барымтадагыларды жабыркатпай бошотуп алуунун деңгээлин талдоодон өткөрдү. Барымтадагыларды бошотуу операциясынын үлгүсүн көрсөтүү үчүн Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин имаратынын тандалып алынышын машыгyyларды уюштуруу боюнча штабдын башчысы Акылбек Бөёнов мындайча түшүндүрүп өттү:

- Машыгууну реалдуу нерсеге байланыштырып өткөргөнгө аракет кылдык. Мындай катаал учурларда биргелешпей жетишкендиктерге жетиш мүмкүн эмес. Ошондуктан бүгүнкү машыгууга катышкандардын бардыгы бири-биринин тилин оңой түшүнүп, жакшы ийгиликтерге жетишкенге бардыгы чоң салымын кошушту деп ойлойм.

ЫҢКЫЛАПТЫН БИР ЖЫЛДЫГЫ, АКСЫ ОКУЯСЫНЫН ТӨРТ ЖЫЛДЫГЫ

16- марттагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары өлкөдөгү ыңкылаптын бир жылдыгына карата түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди. Ошондой эле Аксы окуясынын 4 жылдыгына карата баяндамаларды жарыялашты.

“Алас” гезитинде кабарчысы Капар Токтошев эртең Аксы окуясына төрт жыл болоорун эскерип, Жогорку кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров менен маектешкен. Анда ал эл менен бийликтин кагылышынан бейкүнөө алты азамат окко учканын, бүгүнкү күнгө чейин ким күнөөлүү экени такталбай, учурдагы бийлик дагы кайдыгер мамиле жасап жатканын айткан.

-Аксы окуясы Акаев бийлигинин бетине жабылган жууса кеткис кара көө десек жаңылбайбыз. Адамдарды атууга буйрук бергени үчүн, адам өлтүргөнү үчүн кылмыш иши кыскарып, аларга бар болгону тынч пикет өткөрүүгө мыйзамсыз жолтоо болгон деп айып тагышты. Ошентип 6 адамды ким атып өлтүргөнү, аларды ат деп ким буйрук бергени билинбей, маселе бүгүнкүгө чейин жоопсуз келатат.
Эмнеси болсо дагы Аксынын ишин аягына чыгарабыз,-
дейт Азимбек Бекназаров.

“Алас” гезитинде кабарчы Илим Жанузаков: Негизинен дүйнөнүн кайсыл бурчунда болбосун, ар кандай саясий оюндарда алагөөдөк жаштардын күчү ырааттуу түрдө пайдаланылып келген. Мында да ошондой болду,- деп жазат.

-24-март кыргыз жаштары үчүн өтө чоң сабак болду. 24-марттын пайдасынан зыяны көп болуп, өлкө кеминде 5 жылга артка кетти. Бишкектеги талап-тоноочулуктан зыян тарткан кичи ишкерлердин көптөгөн дүкөндөрдүн ээлеринин чыгымы азыркыга чейин кайтарылган жок,- деп жазат Илим Жанузаков.

“ Мезгил” гезити да жаңы санын 17- марттагы Аксы окуясына арнады. Аксы окуясынан жабырлангандардын адвокаты Сартбай Жайчыбековдун кеңири баяндамасына орун берилди.

-Аксы окуясына Аскар Акаев күнөөлүү- дейт белгилүү укук коргоочу Азиза Абдырасулова.

Ушул окуяда курман болгон 6 жигиттин жаркын элесине арналган “Ай жигит күлүп турганда, атканга кантип кол барды” деген акын Анарбек Кайназаровдун эскерүүсү жарык көрдү.

“Общественный рейтинг ” жумалыгы “бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, эл калат” деген макалды мисал кылуу менен “Жылга тете бир күн” деген макаланы жарыялады. Мында ыңкылаптан берки бир жыл ичиндеги жаңы бийликтин ишмердүүлүгү талдоого алынган.

Ушул жумалыкта “Криминалдын бийликке жанталашып жатканы факты” деген Жогорку кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин маеги чыкты.

“Лица” гезити жаны санын 24-март ыңкылаптын бир жылдыгына арнады. “Ыңкылапчы жана министр Алмаз Атамбаев менен болгон интервьюда ыңкылаптын кандай ишке ашканы баяндалат.

Ушул гезиттин кабарчысы Лейла Саралаева президенттин администрация жетекчиси Үсөн Сыдыков менен маектешкен. Анда “отставкага кетүүдөн коркпойм” деп жооп берген Үсөн Сыдыков.

“Апта” жумалыгы да 24-марттагы ыңкылап тууралуу түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди. “Жаңы бийлик да унутту” деген маркум Шералы Назаркуловдун жесири Назгүл Абдыкеримованын маеги да чыкты.

Паспорт көйгөйлөрү тууралуу Жогорку кеңештин депутаты Ином Абдурасулов айткан.


“Республика” гезити “Ыңкылап адамдардын ажырымга алып келет, бирок түбөлүк эмес” деген баяндамачы Алымбек Биялиновдун макаласына орун берди. “24- мартты ыңкылаптын бир жылдыгы катары майрамдабастан, Кыргызстан элинин кайра жаралуу күнү катары белгилөө керек” деп жазат Алымбек Биялинов.

АРАБЧА-КЫРГЫЗЧА СӨЗДҮК ЖАРЫК КӨРДҮ

Бишкекте биринчи жолу арабча-кыргызча сөздүк жарык көрдү. Ал 40 миңге жакын сөздү кучагына камтыйт. Кыргыз тилине кылымдардан бери өз таасирин тийгизип келген араб тилин, араб маданиятын арбын үйрөнүүгө шарт түзчү бул эмгекти коомчулук жогору баалоодо.

Бишкек гуманитардык университетинин ректору Абдылда Мусаев арабча-кыргызча сөздүктүн даярдалышын жана жарыкка чыгарылышын эгемендүүлүк доорунун туундусу катары эсептөө менен, ага Бишкек гуманитардык университетинин араб тилчи адистери арбын салым кошкондугуна сыймыктанат. Анын айтуусунда, университеттеги араб тилине байланышкан семинарларда ушундай арабча-кыргызча сөздүктү чыгаруунун зарылдыгы дамамат баса белгиленип, акырында минтип өз жыйынтыгын берип олтурат.

60 басма табак көлөмүндөгү эмгек, бирок, 600 гана нускада чыгарылган. Андыктан аларды китепканаларга гана таратуу керек.

Бул арабча-кыргызча сөздүк Жогорку Кеңеш депутаты Алишер Сабировдун демилгеси жана жетекчилиги менен чыгарылган. Китептин редакторлорунун бири, окумуштуу Базарбай Кодоров сөздүктүн даярдалышына жана келечегине токтолду:

-Биз араб тилин билбегенден кийин араб тили боюнча адистер менен абдан тыгыз иштедик. Бул –алгачкы саамалык болуп атат. Окурмандар, пайдалангандар өздөрүнүн ой-сунуштарын айтса сөздүктүн кийинки басылыштарында сөзсүз эске алынат. Кечиктирбей мектеп окуучуларына ылайык сөздүк түзүү, сүйлөшмө түзүү милдеттери турат алдыда.

Арабча-кыргызча сөздүктүн котормочу-түзүүчүлөрү - аткарган иштин кыйынчылыгынан да кабар берип өтүштү. Ахмад Каландаров илимий, техникалык, медициналык терминдердин кыргызчасы болбогондуктан сөздөр орус тилинде берилгендигин белгилесе, Нурдин Мамбетов бул эмгек чакан жамаат тарабынан алты жыл бою тынымсыз иштелгендигине басым койду.

Бишкек гуманитардык университетинин ректору Абдылда Мусаев окуу жайдын окумуштуулары мектептин 6-9-класстары үчүн араб тили боюнча окуулук (учебник) даярдап бүтүп калгандыгын белгилөө менен, жакынкы келечекте араб тилин мектептердин окуу программасына киргизүү зарыл деген ойдо.

Ал эми жаңы чыккан арабча-кыргызча сөздүк дин адамдарына да өзгөчө пайда берерин белгилей кетели.

МИРОСЛАВ НИЯЗОВ: 24-МАРТ - ЭЛДИК ҮМҮТ-ТИЛЕКТИН МАЙРАМЫ

Улан Алымкул уулу, Прага Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов «Азаттык» үналгысынын бүгүн обого түз чыккан таңкы берүүсүнүн коногу болуп, суроолоруна жооп берди. Ал ыңкылаптын бир жылдык мааракеси, өзбек качкындарынын тагдыры тууралуу жана тартип сактоо системасын реформалоо жаатында кеп курду.

- 24-марттын бир жылдыгына саналуу күндөр калды, бирок аны майрамдоо боюнча коомдо, атүгүл бийлик бутактарында да бирдиктүү пикир жок. Өкмөт өз чечимин, президент жарлыгын чыгарды, бирок парламент ушул күндү майрамдоо демилгесин мыйзамдаштыра элек. Эми парламенттин ушундай кадамына карабай расмий деңгээлде акыры 24-март майрамдала турган болдубу. Соңку чечим кандай?

- 24-март кыргыз элинин чоң майрамы болот. Анын алдында 21-март Нооруз майрамыбыз бар. Мен толугу менен ишенем, бул майрам тынч, кыргыз элине чоң үмүт бере турган майрам болот. Парламентте депутаттар өзүнүн чечимин кабыл алышты, алар мамлекет 24-мартты кандай күн деп эсептесе, биз ошого макулдугубузду беребиз дегендей пикирин айтып атышат. Мурда күнү президент аларды чогултуп өзүнүн пикирин айтты. Бул майрамды тездеттирип өткөрүшүбүз керек деп тапшырма берди.

- Демек бул күн иш күн болбойт, баш калаада, облусттук борборлордо тиешелүү салтанаттар өткөрүлөт?

- Өткөрүлөт. Облустук борборлордо, райондордо дагы белгиленет. Бишкекте аскердик парад болот, концерттер көрсөтүлөт. Пензадан 70 ке жакын адам келатса керек, губернатор, министрлер баш болуп. Бир эле “Казачья застава” деген ансамбль менен эле 49 адам келатат. Биздин артистерибиз, шаар бийлиги даярданып атат. Жогорку деңгээлде өткөрөбүз деген оюбуз бар. Баары жакшы, тынч өтөт. Биринчи күнү президенттин айтуусуна караганда бизде мамлекеттик кеңеш пайда болот. Үч бутакты кандайдыр бириктирип, чогyу чара көрөбүз дегендей болуп атат. Жакшы иш чараларды бүтүрүп атабыз.

- Каршы болуп жаткан тараптар айткандай, 24-марттын жаман жагы да бар эмеспи. Зыян көрүп калган адамдарга кандай аргументтерди айтар элеңиз?

- Элдин 100 пайызы бир ойдо болбошу мүмкүн. Айрымдар мүмкүн нааразылыгын айтышат. Бул демократиянын белгиси. Биз буга көнүшүбүз керек. Элдин баары эле мурунку коммунисттик партиядай болбойт. Демократияда элибиз ой-пикирин айтканга мүмкүнчүлүгү бар. Мен ойлоп атам, демократия жагынан биз бир топ алдыга жылдык.

- 16-мартта коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны болуш керек эле. Эгер ушул чын болсо анда кайсы маселелер каралары күтүлүүдө?

- Абдан туура суроо болуп атат. Бирок алдыбызда турган эки чоң майрамга чара көрүш керек болуп жаткандыктан, бир аз жетишпей атабыз. Мен сунуш киргиздим, жыйынды апрелдин башында өткөрсөк десем макул болушту. Азыр майрамдарга жакшылап даярданышыбыз керек, ошол себептен коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны апрелдин башына которулду.

- Ал эми коопсуздук кеңешинин соңку жыйынында укук коргоо органдарын комплекстүү реформалоо боюнча президент комиссия түзгөнүн жарыялап, ага парламент депутаты Кубатбек Байболов төрагалык кылат дебеди беле. Ошол комиссия ишин баштадыбы, же азыр кирише элекпи?

- Азыр Байболов баш болуп өзүнүн сунушун киргизди бизге. Учурда юридикалык бөлүм, коопсуздук коргонуу бөлүмү болуп баарыбыз аны карап атабыз. Бир топ айтылган сунуштар аткарылган. Мисалы, ГУИН Минюстка берилген. Менин айта турганым, реформа деген жөн эле мамлекеттик көрнөктөрдү алмаштыруу эмес, реформа деген бул биринчиден адамдын ички дүйнөсүндө болуш керек. Аны көбөйтүү, же азайтүү реформага эч жарашпай турган нерсе. Закондордун, укук коргоо органдардын, адамдардын көз карашын реформа жасашыбыз керек. Андан кийин реформага кире турган эң бир заманбап, техникалык каражаттар керек болуп атат. Эски багаж менен биз бүгүнкү күндө иштей албайбыз. Ошондуктан бул реформаны кененирээк көз караш менен караш керек. Реформа бир эле заматта жасалышы керек эмес. Жылдар өтө берет, кайсыл жерде кемчиликтер бар болсо, ошол кемчиликтерди байкаштырып, кандай толукташыбыз керек, кандай чара көрүшүбүз керек деп ошол жол менен реформа жасасак жакшы болот.

- Бирок убакыт деген дагы жагы бар го. Рефомра жөнүндө мурдатан эле сөз болуп келген. Бирок алар ишке ашпай эле канча жылдар өттү. Эгер ошондой концепциялык жактарын ойлонуп отура берсе созулуп кетптейби?

- Реформа бул дайымкы процесс.

- Президент коопсуздук кеңешинин жыйынында айтпадыбы, соңку окуялардан кийин комплекстүү жана радикалдуу реформаларды тезинен көрбөсөк болбойт экен деп?

- Реформаны тездеттирсек болот, бирок адамдын ички дүйнөсүн бир заматта өзгөртө албайсың да. Ошондуктан, орусча айтканда упрощать понятие реформы не следует. Азыр реформа жүрүп атат, мисалы милицияга кичине күчтөрдү кошуп атабыз. Бүгүнкү акыбалга жараша кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуп атат. Ошону реформа десеңер, реформа деп эсептегиле. Мен реформа дегенди тереңирээк көрөм.

- 24-марттын бир жылдыгына байланыштуу акыркы кездери революция эмес төңкөрүш болду деген концепциялар, ойлор, атүгүл китептер да жакыр көрүп кетти. Ушундай пикирлерге карашы сиз кандай аргументтерди келтирер элеңиз?

- Мен айтат элем, төңкөрүш дагы, революция дагы эч нерсе болбойт. Кыргызстанда тынч, жакшынакай майрам өтөт. Анткени бүгүнкү күнү революцияга эч кандай объективдүү шарттар жок. Мен өткөндө да билдирүү менен чыгып Кыргызстанда революция болбойт деп баса айткам. Кыргызстан жакшы, түз жол менен алдыга жыла берет дегем. Буюрса, жакшы чоң майрам өтөт. Биз азыр демократияга үйрөнүп атабыз. Бизде маданият, саясат маданият жетишпей атат. Биз оозубузга карабай эле сүйлөй беребиз. Бул майрам элге үмүт алып келет. Болбогон сөздөрдү айтса айта беришсин. Алардын ичинде эгерде ошондой каалоосу бар болсо болгондур, бирок жалпы эл тынч жакшы маанай менен тосуп алат бул майрамды.

- Кошмо Штаттары мамлекеттик департаменти жакында адам укуктарына байланыштуу докладын жарыялады. Ошондо Кыргызстанда айрым өзгөрүүлөр болгондугун белгилеп келиптир, укук коргоо органдарынын жоопкерчилиги жөнүндөгү маселеге келгенде сын-пикирлер айтылган экен. Ошолорго кандай көз карашыңызды билдирет элеңиз. Мисалы, ал жерде айтылып атат, укук коргоо органдарынын мекемелеринде иштеген кызматкерлердин атуулдарга жасаган мамилеси боюнча. Көп учурларда атуулдарга ыдык көрсөтүп, бирок алар жоопко тартылбай калып жаткан жагдайлар уланып жаткандыгы белгиленген?

- Укук коргоо органдарынын ичинде дагы сөзсүз проблемалар бар. Биз ордубузда турган жокпуз. Биз кандайдыр бир кыймылда жылып атабыз. Ошого жараша айрым жерлерде адашып калган, туура эмес чечим кабыл алган учурлар да болуп атат. Бирок, негизи абдан жакшы процесттер жүрүп атат. Бул биринчи адамдын феномени. Ошону эске алып койсок. Ар бир реформанын башында адам турат. Биз ошого үйрөнөбүз. Баары бир заматта боло албайт. Анча-мынча кемчилик болсо болор, бирок бул кемчиликтерден биз жыл, ай өткөн сайын акырындык жол менен түздөтөбүз.

- Кыргызстанда өзбек качкындарынан төртөө калбады беле, ушулардын маселеси эмне болуп чечиле турган болду?

- Азыр ошол процедуралар бүтүп атат. Алар бүткөндө биз дагы бир чогулабыз, кеңешебиз. Андан кийин алардын тагдырын чечебиз го деп ойлойм.

- Демек аларды Өзбекстанга берүү, Кыргызстанга калтыруу, же үчүнчү өлкөгө берүү али чечиле элек?

- Азырынча чечиле элек. Бирок жакын арада чечилип калат. Анткени 400дөй адам кеткен четке. Эми төртөө калыптыр, алардын тагдырын тактап чечишибиз керек. Биз ООНдун качкындар башкармалыгы менен кеңешишибиз керек, Өзбекстан менен кеңешүүбүз керек. Биз туура жолду таап чыгып кетишибиз керек мындан.

ПАСПОРТ КРИЗИСИ ҮЧҮН КЕНЖЕТАЕВГЕ ПРЕМЬЕР-МИНИСТР СӨГҮШ ЖАРЫЯЛАДЫ

Аманбек Жапаров,Бишкек Маалымат ресурстары, технология боюнча агенттиктин жетекчиси Амангелди Кенжетаевге калкты паспорт менен камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн Өкмөттөн катуу сөгүш берилди. 15-мартта болгон Өкмөт жыйынында премьер-министр бир айдын ичинде паспортторду чыгарып бүтүүнү, аны жер жерлерге жеткирүүдө тиешелүү кызматтарга көзөмөлдүк кылууну тапшырды.

Амангелди Кенжетаев менен катар паспорт маселесин курчутуп жибергендиги үчүн катуу сөгүш ички иштер министринин орун басары Темиркан Субановго да жарыяланды.

Өкмөт жыйынында Премьер-министр Феликс Кулов өлкө атуулдарын паспорт менен камсыз кылууда олуттуу кемчиликтер орун алганын белгиледи:

Паспорт маселесине байланыштуу проблема кризиске алып келди. Ошондуктан бул маселени тез аранын ичинде жөнгө салуу керек. Түзүлгөн кырдаалдан чыгуу боюнча аракеттерди парламент да көрүп жатат. Көптөн бери бул маселе бышып жетилди. Буга көпчүлүк эл да нааразы болууда.


Амангелди Кенжетаев өз кезегинде паспорт маселесиндеги проблемалар акырындан жөнгө салынып келатканын, жалпы кызматтык жана ички паспорттордун, арыз бланкалардын чыгарылышы көбөйтүлө баштаганын маалымдады.

Биздеги негизги проблема заказ берген тарап каржы маселесин убагында төлөбөй жаткандыгында. Учурда биз “Регистру” компаниясына 3 млн. сом беришибиз керек,- деди Амангелди Кенжетаев.

Ички иштер министри Мурат Суталинов паспорт проблемасы мурдагы өкмөттөн “мураска” калганын белгиледи.

Бул проблема мурдагы өкмөттүн проблемасы. Мурдагы башка бийликтин көйгөйү. Бул 2003-жылда эле башталган. Жаңы паспорт жасап чыгарууда Лысогоров деген шылуун Николай Танаевдин колдоосу менен финансылык баш аламандыкка алып келген. Бул фактыны жокко чыгарууга болбойт.

Мурат Суталинов белгилегендей, паспортко байланыштуу иштерди Ички иштер министрлигинен бөлүп, өзүнчө агенттик кылып түзүлгөндөн кийин, ага көзөмөл кылуу жолго коюлган эмес. Атбашы районунда, Кадамжайда, Жалалабад облусунда атуулдарды паспорт менен камсыз кылуу иштеринде олуттуу кемчиликтер бар.

Ички иштер министри паспорт маселесин тыкат иликтеп, өзүнө тагылган милдетти так аткарбаган тиешелүү жетекчилерди кызматтан алып эле жөн болбостон, алардын ишин прокуратурага өткөрүп берип камака алуу керек, деген пикирин билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков паспорт проблемасына байланыштуу парламент тарабынан түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен тааныштырып, тиешелүү министрликтердин, маалымат ресурстары, технология боюнча агенттиктин ишин канаатандырарлык эмес деген баасын берди.

Премьер-министр Феликс Кулов 15-апрелге чейин паспортторду чыгарып бүтүүнү, анын аткарылышына көзөмөл кылууну,көйгөйлүү маселелерди жөнгө салууну тиешелүү кызматтарга тапшырды.

ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕР АКМАТБАЕВДИ СОТ ЖООПКО ТАРТА АЛАБЫ?

Бишкек шаардык соту 15-март күнү Рысбек Акматбаевдин ишин карап баштады. Акматбаев баш болгон тогуз адамды актаган Биринчи май райондук сотунун чечимин талашкан арыз менен шаардык сотко Бишкек милициясынын тергөөчүлөрү кайрылышкан болчу.

Рысбек Акматбаев Балыкчы шайлоо аймагынан ЖК депутаттыгына талапкер болуп катталгандыгы белгилүү. Сот адеп башталганда эле Акматбаевдин адвокаты Рысбек Нагаев анын шайлоого талапкер катары катталгандыгын күбөлөндүргөн кагазын расмий түрдө тапшырды. Адвокаттын айтымында, Шайлоо кодексинин 28-беренесинин 5-пунктуна ылайык, ЖК депутаттыгына талапкердин үстүнөн сот иши болууга мүмкүн эмес.

Сот бул маселе боюнча кеңешип чыгууга убакыт сурап, жараянды келерки шейшембиге жылдырды.

Полковник Алиевдин адвокаты Вероника Максимова Шайлоо кодекси азыркы учурда Акматбаевдин үстүнөн сот ишин жүргүзүүнү токтотууга негиз бербейт деген сөзүн айтты:

-Азыр Акматбаевди кылмыш жообуна тартуу тууралуу сөз болуп жаткан жок да. Биз бүгүн 1-Май райондук сотунун аны актаган чечимин туура же натууралыгын карап жатпайбызбы. Ошондуктан, соттук коллегия муну аныктоого милдеттүү.


Буга чейин кыргыз өкмөтү тарабынан Рысбек Акматбаевдин шайлоого талапкер катары катыша алар-албасын аныктоо тууралуу өтүнүч адилет министрлигине тапшырылган болчу. Министрлик эгер анын соттолгондугу жоюла элек болсо, шайлоого катышууга укугу жок деген жыйынтыгын чыгарып берген. Акматбаевдин адвокаты Нагаев бул ишти сот жана прокуратура гана териштирүүгө тийиш деген пикирде:

-Өкмөт эмнеге буга киришет? Сот бар, башкы прокуратура турат. Мына ушулар иликтесин.

КЫРГЫЗСТАНДА ТУРИСТТЕРДИ ТЕЙЛӨӨ САПАТЫ ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ АЛЫМСЫНДЫРБАЙТ

Чет элдик уюмдар Кыргызстанда туристтерди тейлөөнүн сапатын начар деп сынга алышууда. Бул жөнүндө «Кыргызстандагы туризм жана анын өнүгүшүндөгү эл аралык уюмдардын орду» деген темада 15- мартта Бишкекте болгон тегерек үстөл жыйынында айтылды.

Алгач чет өлкөлүк уюмдардын жана элчиликтердин өкүлдөрү Кыргызстандын кооз жаратылышы,туристтик зор мүмкүнчүлүгү жөнүндө баяндаманы угушту. Ошондой эле эл аралык талаптарга ылайык курорттук жана мейманкана тейлөөсүнүн автоматтык системасын киргизүү долбоору дагы талкууга алынды.

Ысыккөлдө эс алуучулардын 70 пайызын казакстандык туристтер түзгөнү менен былтыр алардын саны азая түшкөн. Мунун себептерин Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Бахтияр Тасимов мындайча түшүндүрдү:

-Биринчиден туристтерди тейлөөнүн сапатын, маданиятын жогорулатуу зарыл. Тейлөө менен баанын айырмасы асман менен жердей болуп турат. Экинчиден, Кыргызстанда жолду оңдоп, жаңыдан салуу керек.жолдор жамаачыланып, талапка жооп бербейт. Анан аба жол каттамдарын дагы жакшыртуу керек. Жолдон чет өлкөлүк автоунааларды себеби жок токтотуп, тоной бермей адатты койуу зарыл. Ысыккөлгө инвестиция алып келүүгө кызыгдар, дилгир казак бизнесчилери арбын. Алардын куруп койгон эс алуу жайларын эртең тартып албайт деп кепилдик болчу мыйзам актыларын кабыл алуу шарт.

Кыргызстанда туристтер үчүн виза алуу жана бажы текшерүүлөрү кыйынчылык жаратып жатканын Азиялык өнүгүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ашраф Малик белгиледи.

Бийлик өкүлдөрү өз кезегинде туризмдин өнүгүшүнө рекламанын жоктугу, кадрлардын билим деңгээлинин төмөндүгү тоскоол болуп жатканын танышпайт. Ошондуктан, бул проблемаларды чечүүгө эл аралык уюмдардан жардам сурап жатканын айтышат.

- Дүйнө коомчулугу Кыргызстан жөнүндө өтө аз билишет. Маалыматтан аксап турабыз. Реклама, маркетинг кызматын колго алууга аракет кылып жатабыз. Ал үчүн каражат керек экен. Түркиянын “Тика” уюму “Кыргызстан- туризмдин өлкөсү” аттуу көркөм түстүү китеп чыгарууга жардам берүүдө. Ошондой эле 15 өлкөгө таратылып жүргөн эл аралык “Да” журналы бир санын Кыргызстандын туризминин көйгөйлөрүнө арнап жатат. Анан дагы туризм кадрларынын билим деңгээли учур талабына жооп бербейт. Кыргызстандын туризм тармагына эларалык уюмдардын жардамы, колдоосу керек болуп турат,-деди Кыргызстандын өнөр жай, соода жана туризм министринин орун басары Турусбек Мамашев.

Чынында былтыр Ысыккөлдө эс алуучулардын саны кескин азайган. Өткөн жылы чет өлкөлөрдөн 650 миң турист Кыргызстанга келген.

Быйыл май айында Бишкекте эл аралык туристтик жармаңке, жайында Соңкөлдө эл аралык фольклордун фестиваль өткөрүлөт.

ҮРӨНДҮН ЖЕТИШСИЗДИГИ ҮРӨЙДҮ УЧУРБАЙБЫ?

Жазгы талаа иштери башталган азыркы учурда дыйкандарды үрөндүн жетишсиздиги кыйла сарсанаа кылууда. Ушу кезге чейин аштык-данды үрөн катары пайдаланган учурлар арбын. Пахтанын лабораториядан өтпөгөн чигиттери Өзбекстандан алынып келинип, дыйкандарга салыштырмалуу арзан баада сатылып жатат. Кыргыз өкмөтүнүн, айыл чарба министрлигинин сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу аракети барган сайын күчөгөн менен – баары бир өз мерчемине жетпей келүүдө.

Айыл чарба министрлигинин айыл чарбаны өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Аскарбек Сагымбаевдин айтуусунда, негизинен бир катар айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү Кыргызстанда жетишерлик.

Буудайдын, арпанын, пахтанын үрөндөрүн даярдоодо гана өксүктөр бар. Жаздык буудай үрөнү 39165 тонна даярдалыш керек болсо, ага 4826 тонна жетпей турат. 20 миң тонна арпа үрөнү керек болсо, ал 3147 тоннага кем. Мерчемделген 3145 тонна пахта чигитине да 504 тонна жете бербейт.

Бул үрөн жетишпестиктерин жарым-жартылай толуктоо максатында бюджеттен дагы 50 млн. сом суралган. Ал акча кокус бөлүнүп кала турган болсо үрөн чарбаларынан буудай, арпа уруктарын сатып алып, дыйкандарга кредитке берүүгө мүмкүндүк ачылат. Бирок, баары бир ал дагы жетишсиз болот.

Албетте, Чоңалай сыяктуу алыскы аймактарда аштык-буудайдан үрөн тазалап алуу мүмкүндүгү жок. Андагы үрөн кыйынчылыгы тууралу фермер Сайдилла Пазылов кеп салды:

-Чоңалай району Оштон 300 чакырым алыс болгондуктан, ал жактан келип үрөн сатып кетүү дыйкандан 2-3 эсе көп чыгымды талап кылат. Борбордоштуруп, жалпы баарын үрөн менен камсыз кыла турган райондун же облустун айыл чарба департаменти дегеле иштебейт. Аларды жоюш керек.

Карасуу районунун Мады айыл өкмотүнүн башчысы Абдымиталип Кочкорбаевдин айтуусунда, пахта үрөнүн даярдоо Кыргызстан үчүн чоочун нерсе болуп баратат, Өзбекстандан алынып келинген, атайын үрөнгө эмес, пахта майын чыгарууга даярдалган чигиттерди дыйкандар базардан сатып алууга, ошолорду эгүүгө аргасыз. Ошондой эле ал арпа, буудай, жүгөрү үрөндөрүн Кыргызстан боюнча которуштуруп эгүүнү уюштурбаган Айыл чарба министрлигине ал таңгалуу менен карайт:

-Чүйдөгү үрөндөрүн сата албай жаткан үрөн чарбаларынын продукцияларын түштүк облустарына жибериш керек. Ошондо түшүмдүүлүк да жакшы болот. Ар ким өзүнүн үрөнү менен эле жүрө берсе жер дагы кабыл албай калат аны.

Ошол эле кезде жер-жерлердеги дыйкандардын бир тобу үрөн пайдалануу жаатында эч кандай жергиликтүү бийликтердин, тиешелүү министрликтин камкордугун, көрсөтмөсүн биле бербейт. Өздөрү үчүн өздөрү гана камылга көрүшүп, аштык буудай-арпаларын сээп көнүп алышкан. Мындай маалымат Айыл чарба министрлигинде да бар. Андыктан үрөндөрдүн дыйкандарга жетүүсүн иликтөөгө байланыштуу май айына атайын иш чара мерчемделип жатат.

Дыйкандарды үрөн менен камсыздоо маселеси Жогорку Кеңеште да каралары белгиленүүдө.

15-МАРТТАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР

Бул күнү Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, 1848-жылкы Венгриядагы революция күнү катары эл эсинде калды.

15-март дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн күнүн белгилөө демилгеси мындан туура 45 жыл мурда көтөрүлгөн болчу. 1916-жылы АКШнын президенти Жон Кеннеди Бириккен Улуттар Уюмунда керектөөчүлөрдүн таламын коргоп, аны төмөнкүдөй төрт принципке бөлүп көрсөткөн: коопсуздук укугу; маалымдоо укугу; тандоо укугу жана айткан ойдун угулуш укугу. Кийин ал: келтирилген чыгымдын өндүрүлүшү; керектөөчүлүк сабатты жою; керектөө коопсуздугун камсыз кылуу; таза айлана чөйрө укуктарын камсыз кылуу талаптары менен толукталган. 1983-жылдын 15-мартынан тарта ал эларалык майрамдар тизмегинде киргизилип, керектөөчүлөрдүн укугун коргоонун Бүткүл дүйнөлүк майрамы катары белгилене баштады.

Кыргызстанда да бул күн керектөөчүлөрдүн күнү катары белгилене баштаганына быйыл 14 жылдын жүзү толду.

1848-жылдын 15-мартында Венгриянын Пешт шаарында “Венгр жазы” аталган буржуазиялык революция башталган. Пешт шаары ал убакты азыркы Венгрянын борбору Будапешттин жарымы болгон. Пешттеги буржуазиялык революция Австриянын Габсбурдар династиясынын бийлигинен кутулууга багытталган улуттук-боштондук кыймылга айланган. Габсбургдар венгерлердин талабын башында аткарганы менен 1849-жылдын август айында күңкорсуздук үчүн күрөшкөн венгр революциясы аесуз басылган.

Мындан туура 15 жыл мурун, 1990-жылы М.С.Горбачев СССР президенти болуп шайланган.

15-март 2005-жылы Кыргызстанда саясий кырдаал шакардай кайнап, бийлик оппозицияны тынчытууга, акыркы биринчини бийликтен кетирүү амалында болушту. Бир жыл мурун президент Аскар Акаев шайлоо жыйынтыгын чыгарып калкка кайрылды. Президенттин пикиринде шайлоо калыс жана демократиялык талаптарга шайкеш өткөрүлдү деп оппозицияны ыркка чакырса, акыркылар ага да, шайлоо чечимине да ынанбай Жалалбатта курултай өткөрүшүп, Аскар Акаевдин кызматтан кетиши маселесин кабыргасынан коюшту.

КАРЫЗ АКЧАНЫН КАЙГАЙЫ

Кыргызстандын тышкы карызы ички дүң продуктуга карата 80% жакынды түзөт. Кыргызстан өкмөтү Париж клубунун талабын аткарып кредит берген өлкөлөр менен кош тараптуу келишимдерди түзүп чыкты. Соңкусу болуп 9-мартта Түркиянын 47 миллион доллар карызын төлөөнү кийинкиге жылдыруу тууралуу келишимге кол коюлду.

Акыйкатта да тышкы карыздар Кыргызстан экономикасына олчойгон оорчулугун салып, маалы келип калган кредит акчаларды кайтаруу маселеси жаңы өкмөттү да катуу ойлонтуп отурган кези. 24-марттагы элдик ыңкылапты аралай чапкан Бишкектеги талап-тоноочулуктан зыян тарткан түркиялык ишкерлердин маселесин, «Аккеме» мейманканасынын чатагын укуктук негизде чечип берүү талабын коюп Түркия өкмөтү карыздарды төлөп берүүнү кийинкиге жылдыруу жөнүндө келишимге кол коюудан баш тартып келди. Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров ортодогу талашка чекит коюлганын маалым кылды.

- Бул жерде биздин позиция мындай. «Аккеме-Пинара» мейманканасы курула баштагандан бери бери чатактын аягы үзүлбөй келатат. Бул 24-марттагы иш эмес, 1996-жылдан бери келаткан талаш. Бирде түрктөр тарап алдап кетет, ага жооп кылып кыргыздар тарап бирдеме жасап иет. Иши кылып бул түгөнбөгөн чатак. Экинчиси, 24-марттагы талап-тоноодон зыян таркан түрк ишкерлерине көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдиришти.

Акылбек Жапаров 24-марттагы талап-тоноолордон жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча конкрет иштер жүрүп жатканын маалымдады. Талаштан башы чыкпай келаткан «Аккеме» мейманканасынын жетекчиси Руслан Сарымсаков иштин чоо-жайын башкача түшүндүрөт.

- 1992-жылы, билесиздер, Бирштейн, «Сиабеко групп» келген, Алар биздин базар экономикасын жакшы билбегенибизден пайдаланып өздөрүнө байлык топтоп кетишти. Дал ошентип түркиялык ишкер инсан келип, чөнтөгүнөн бир тыйын чыгарбай туруп, келишимге курулушка кеткен чыгымдын 50% мен көтөрөм деп кол койгондон башка эч нерсе жасаган жок.

Убагында Түркиядан алынган 75 миллион долларды кайтарып берүү барып-келип эле бюджеттин, салык төлөөчүлөрдүн мойнуна түшүүдө. Карыздын 47 миллион долларын өкмөт 33 жылга созуп төлөп берүү милдетин алууда.

Өкмөт кедей өлкөлөрдүн карызын кечип ийчү «хиппик» программасына илинип калуу аргасын издөөдө. Эгер ал жүзөгө ашчу болсо Кыргызстандын 1 миллиард 100 миллион доллар карызы кечилип кетерин А.Жапаров 14-марттагы маалымат жыйынында дагы бир ирет жарыя кылды.

Бирок да олчойгон экономикалык карыздарды кечип ийүү ошондой эле деңгээлдеги саясий талаптарды артына жүрөт. Парламент депутаты Муратбек Мукашевдин ырасташынча, бул маселе бай-кедей өлкөлөр ортосундагы мамиле-катышты аныктоодо.

- Кыргызстандын эң орчундуу жери бул тышкы-ички карыздары болууда.

Кыйладан бери айтылып келаткан тышкы карыздардын биртобу айрым бир таасирдүү чиновниктердин билип-билбей жасаган ишкерликтеринин салакасы катары өкмөттүн мойнуна илинип, бюджетке күч келтирип отурат.

24-МАРТ БОЮНЧА ПАРЛАМЕНТТЕ БИРДИКТҮҮ ПИКИР ЖОК

Азиза Турдуева, Бишкек 14-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары 24-мартты элдик ыңкылаптын күнү катары белгилөө тууралуу мыйзам долбоорун кворумдун жоктугунан карай алышкан жок.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү 24-марттагы окуяларды элдик ыңкылап катары баалап карашса, дагы бир тобу бул күндү ыңкылап катары белгилөөгө каршы чыгышууда. Депутаттар Азимбек Бекназаров менен Дооронбек Садырбаев тарабынан өлкөнүн Эмгек Кодексин 24-мартты элдик ыңкылап күнү деп белгилөө менен толуктоо каралган мыйзам долбоору буга чейин, 6-мартта, парламентте талкууга коюлуп, депутаттар тарабынан колдоого алынган эмес. Депутаттар март окуясы боюнча карама-каршы пикирлерин билдиришкен.

Айрым депутаттар бул күндү элдик ыңклап күнү эмес, башкача аталыш менен белгилөөнү сунушташса, кээбирлери азырынча аны майрам катары белгилөө эртелик кылат деген көз караштарын ортого салышкан. Акырында парламент төрагасы бул маселе боюнча өзүнүн пикирин билдирип, мыйзам долбоорун кароону кийинкиге жылдырууну сунуш кылган. Анын үстүнө бюджеттик чыгымдар каралган бул мыйзам долбооруна карата өкмөттүн корутундусу да берилген эмес экен. Ал эми депутат Азимбек Бекназаров 14-мартта «Азаттыкка» билдиргендей, сунушталган мыйзам долбооруна өкмөт макулдугун берип, корутундусун парламентке жолдоду. Депутат ошондой эле 24-мартты элдик ыңкылап катары белгилөө демилгесин парламентарийлер колдоого алаарына ишеними бар экендигин айтты:

Мен Дооронбек Садырбаев экөөбүз парламентке сунуштаган мыйзам долбоорун парламенттин депутаттары колдойт деп ишенемин. Анткени, эгерде алар каршы болсо, анда экс-президент Аскар Акаевдин март ыңкылабы боюнча көз карашын колдошкон болушат. Акаев бул күндү трагедиялуу күн катары эсептеп атат го , - деди Азимбек Бекназаров.

Депутат Кубанычбек Исабеков 24-мартты ыңкылап күнү катары белгилөөгө айрым депутаттар каршы болгондугунун себебине төмөнкүдөй токтолду:

Көпчүлүк депутаттар март окуясын ыңкылап катары белгилөөгө каршы болуп жатышат. Анткени, бул окуянын учурунда көптөгөн адамдар таланып-тонолуп, жапа чегишкен. Тилекке каршы, аларга бүгүнкү күнгө чейин компенсация төлөнүп бериле элек. Ал эми алардын саны миңдеген адамды түзөт. Ошондуктан, көпчүлүк адамдар бул күндү майрам катары белгилөөгө каршы чыгышы мүмкүн. Депутаттар мына ушул жагдайды да белгилешүүдө. Бирок, албетте, революциялар жоготууларсыз болбойт .

Депутаттардын бир бөлүгү 24-марттагы окуяны элдик ыңкылап катары белгилөөгө каршы экендиктерин бир жылдан бери өлкөдө орун алган өзгөрүүлөр менен байланыштырууда. Айта кетсек, депутат Темир Сариев бул күндү ыңкылап күнү деп майрамдап белгилөөгө каршы:

Мен бул күндү улуттук майрам, ыңкылап катары белгилөөгө каршымын. Анткени, кыргыз эли март окуяларынан бери кандайдыр бир жакшы нерселерге ээ болгон жок. Жакшы жакка өзгөрүүлөр болгон жок. Ошондуктан, мен 24-март ыңкылап күнү катары белгиленишине каршымын .

Ал эми Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынын пикиринде, 2005-жылдын 24-март күнү сөзсүз түрдө Кыргызстандын тарыхында өз ордун ээлейт жана бул күн белгилениши керек. Мындай көз караштагы депутаттарынын бири депутат Жантөрө Сатыбалдиев:

2005-жылдын 24-марты сөзсүз түрдө тарыхта белгиленип калат. Бул күн майрам катары белгилениши керек. Анткени, ошол күнү бийлик алмашуу болду. Менин пикиримде, эгерде ошол күнү бийлик алмашуу болбосо, анда мурдагы бийликти башка жолдор менен алмаштыруу мүмкүн эмес болчу. Албетте, эл өзү да бул окуяга өз баасын берет , - дейт Жантөрө Сатыбалдиев.

Азимбек Бекназаров билдиргендей, өлкөнүн Эмгек Кодексинин 113-беренесине 24-мартты Элдик ыңкылап катары белгилөө боюнча кошумча киргизүү каралган мыйзам долбоору ушул бейшембиде каралышы күтүлүүдө. Ал эми 24-март Элдик ыңкылап күнүн белгилөө боюнча президенттин жардыгына ылайык түзүлгөн уюштуруу комитети өз ишин улантууда.

ЭКОНОМИКАБЫЗ ДАГЫ ДЕЛЕ АКСАП ТУРАТ

Жыл жаңыргандан берки өлкөбүздүн социалдык-экономикалык жетишкендиктери өткөн жылкы эки айлык көрсөткүчтөргө караганда кубантарлык эмес. Бул 14-март күнү Өкмөт үйүндө өткөн жыйында белгилүү болду. Тоо-кен тармагында өсүш дээрлик жок, ал эми энергетиканын жалпы карызы 1 млрд сомдон ашкан.

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында ички дүң продукция иш жүзүндө 3,2% өскөн. Бирок бул өткөн жылкыга караганда 0,3% аз. Ал эми инфляция былтыркыга салыштырмалуу 1,5% көп. Өткөн жылы инфляциянын деңгээли 1,3% түзгөн болсо, бүгүнкү күндө күйүүчү майдын, канттын жана башка азык-түлүктөрдүн баалары кымбаттаганына байланыштуу инфляция 2,7% чыгып кеткен. Анын ичинен айыл чарба продукцияларынын баасы 7,5%, канттын баасы 29,8% кымбаттап, бул аркылуу кондитердик азыктардын баалары да 19% жогорулады. Ошондой эле курулуш жана оңдоо материалдарынын баасы цементтин кымбаттап кеткендигине байланыштуу 3,5% жогорулаган.

Мындан тышкары айыл чарба тармагында да абал кубантарлык эмес. Быйыл күздүк эгин өткөн жылкыга караганда 15,8 миң гектарга аз айдалган. Ошондой эле жазгы эгиндерди айдоодо себилүүчү үрөн да жетишсиз. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министринин орун басары Байлин Байтемировдун айтымында, учурда дагы 5 миң тонна үрөн жетишпейт, анын ичинен 3500 тонна буудай, 1500 тонна арпанын үрөнү зарыл.

1-вице премьер-министр Медетбек Керимкуловдун маалыматы боюнча, тоо-кен тармагында көмүр казуу иштери жолго салынбай, өткөн жылкыдан 7,7%, ал эми алтын казуу 25% азайды. Керимкуловдун айтымында, Карабалта тоо-кен комбинаты, Кадамжай сурма комбинаты жана Майлысуу лампа заводдорунун көйгөйлөрү чечилбеген бойдон турат:

Тоо-кен адиси, коомдук ишмер Орозбек Дүйшеев алтын казуунун төмөндөп кетүүсүнүн себеби тоо өнөр жайына көзөмөл жоктугунан жана Кумтөр алтын кенин иштетүүдө жең ичинен жеп-ичмейлер болуп жатканында деген пикирде:

-Бизде бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан тоо өнөр жайына көзөмөл жок болуп калды. Мындан тышкары Кумтөр алтын кенинин айланасындагы коррупцияга байланыштуу тоо-кен тармагынын өндүрүшү аксап жатат. Жерүй алтын кени да ишке кире албай турат. Бийликтеги бузуку оюндардын эсебинен иштеп жаткан ишкерлерге бут тосулууда. Мына ушулар тоо-кен тармагынын артка кетип жаткандыгына негизги себеп.

Орозбек Дүйшеевдин айтуусунда, Кумтөрдүн акциясын сатуудан түшкөн 85 млн доллар акчаны улуттук банкка сактабай, өндүрүшкө жумшоо зарыл. Тоо-кен тармагындагы токтоп турган ишканалардын башында Айдаркендеги сымап комбинаты менен Кадамжайдагы сурма комбинаттары турат. Аталган комбинаттарда 15-20 жылдап жетекчилик кызматтарда иштеп турган адис Мамат Айбалаевдин айтымында, Кыргызстандын оор өнөр жайын иштин көзүн билбеген жетекчилер талкалап салышты:

-Түстүү металлдар министрлигинин курамына кирген бардык ишканаларды: Айдаркендеги сымап, Кадамжайдагы сурма, Макмал алтын, Орловкадагы жана Карабалтадагы тоо-кен комбинаттарынын баарын башын “Кыргызалтын” деген акционердик коомго жыйып туруп, Аскар Акаев анын башына тоо-кен тармагынан таптакыр тааныштыгы жок, иштин көзүн билбеген кишилерди коюп алып, баарын талкалады.


Мамлекеттик бажы жана салык тармагынын бюджетке түшүргөн каражаты мурунку жылга салыштырмалуу арбыныраак. Мамлекеттик бажы инспекциясы эки айдын ичинде өткөн жылга салыштырмалуу 84 млн сомго көп каражат өндүрсө, салык инспекциясы тарабынан алгачкы кварталга 2 млрд 157 млн сом өндүрүүнү болжолдогон. Бул былтыркыга караганда 100 млн сомго көп.

Айрым пикирлер боюнча бийлик элдин үмүтүн актай албай келүүдө. Буга жогоркудай көрсөткүчтөр, өкмөттүн иш алып баруусунун аксап жатышы мисал дешет алар. Экономист Айылчы Сарыбаевдин сөзү боюнча, Кыргызстандын экономикасынын өнүкпөй жаткандыгына эски бийликтин салакасы жана азыркы учурда жогорку кызматта отургандардын өз ишин билбегендиги зыянын тийгизип жатат:

-Өлкөбүздүн экономикасынын өнүкпөй жатышына эки себеп болушу мүмкүн. Биринчиси: кимдир бирөөлөр тарабынан азыркы бийликке каршы билдирбей, тымызын жасалган аракеттер. Экинчиси: азыркы жетекчи кызматтарга өкмөттү башкарууну жана экономиканы кризистен алып чыгууну өздөрү жакшы билбеген адистер келгендигинен улам ушундай болуп жатканы ыктымал.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG