Линктер

шейшемби, 23-июль, 2019 Бишкек убактысы 08:40

Кыргызстан

А. БЕКНАЗАРОВ АКАЕВДИ АЙЫПТАДЫ, БАКИЕВДИ СЫНДАДЫ

Азиза Турдуева, Бишкек Март ыңкылабынын башында турган лидерлердин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров 23-мартта «Кыргызстан» саясий-коомдук кыйымылынын Координациялык кеңешинин атынан маалымат жыйынын өткөрдү. Бекназаров ыңкылаптын себептери, жаңы бийликтин ишиндеги кемчиликтер менен жетишкендиктерине токтолду.

Адегенде Азимбек Бекназаров 24-марттагы ыңкылаптын тарыхый маанисине токтолду:

-24-март 2005-жыл – кыргыз элинин жаны тарыхындагы, кыргыз элин бүткүл дүйнөгө тааныткан тааныткан саясий-тарыхый чоң мааниси бар окуя болгон күн катары тарыхта кала берээринен эч ким күнөм санабайт. Бул күнү кыргыздар өлкөдөгү башка элдер менен бирге биринчи жолу тарыхта бүткүл дүйнөгө өз тагдырын өзү чечкен көз карандысыз, эркиндикти сүйгөн, өз үйүнө өзү ээ экендигин башка элдердин жардамы жок эле өз үйүндө тартип орното алаарын далилдеди .

Азимбек Бекназаров ошондой эле март ыңкылабынын себептери катары 15 жыл ичинде Эл аралык валюта фондунун, Дүйнөлүк банктын көрсөтмөсү менен жүргүзүлгөн социалдык-экономикалык реформалардын жыйынтыгында элдин жакырланганын, өлкөдөгү стратегиялык маанидеги ишканалар бийлик башындагыларга бекер берилип, менчиктештирилгенин, мамлекеттик бийликтин узурпацияланганын, эл аралык мамилелерде бийлик тарабынан кыргыз элинин кызыкчылыгы корголбогондугун, Кыргызстандын эли мамлекеттен үмүтүн үзүп, Орусия, Казакстанга кете баштагандыгын, өлкөдө адам укуктарынын бузулгандыгын, коррупциянын жайылышын жана башкаларды атап өттү.

Бекназаров экс-президент Аскар Акаевдин конституциялык мөөнөттө Кыргызстанда бийлик алмашуу болмок деп билдиргенин «Кыргызстан» саясий-коомдук кыйымылынын Координациялык кеңеши четке кагат деп маалымдады:

-Аскар Акаевдин акыркы күндөрү «Мен элдин канынын төгүлүшүн каалаган жокмун, конституциялык мөөнөттө бийлик алмашуу болот эле» деген дооматтарын биз кескин четке кагабыз. Ага далилдер – А. Акаевдин кызмат мөөнөтүн 2010-жылдын аягына чейин узартуу боюнча топтолгон колдор, (колдор топтолгон китепче Ак үйдөн табылган, азыр менин жеке архивимде), 22-мартта Бермет Акаева башында турган жаңы парламенттин жыйыны, экинчи «Аксы окуясынын кайталанышына катыша албайм», -деп Осмонакун Ибраимовдун кызматтан кетиши, революция башчыларын камоодон баш тартканы үчүн башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаевдин кызматтан четтетилиши, 24-марттан кийин Ак үйдүн подвалынан курал-жарактын табылышы ж.б. .

Маалымат жыйынында президент Курманбек Бакиев башында турган бийлик тарабынан кетирилип жаткан кемчиликтер тууралуу да айтылды:

-К. Бакиев башында турган жаңы бийлик көп жаңылыштыктарды кетирүүдө. Эң башкысы – Акаевдик системаны өзгөртүү боюнча чечкиндүү кадамдарга барган жок. Конституциялык реформа кечеңдетилүүдө. Коррупция менен күрөшүү токтоп калды…

Бийликтин кемчиликтери иретинде Бекназаров ошондой эле коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштүн жоктугу, сот системасында өзгөрүүлөр болбогондугу, Баткен, Барскоон, Аксы трагедияларына жооптуу адамдар жоопко тартыла электиги жана башкалар деп айтты. Бирок, кетирилип жаткан кемчилдиктер менен бирге айрым жетишкендиктер да белгиленди. Башкы жетишкендик катары өлкөдө стабилдүүлүктүн орнотулгандыгы, турак-жай маселеси чечиле баштагандыгы, эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдар өз учурунда берилип жаткандыгын, инвестицияларды тартуу жагдайынын жакшырып баратканын белгиледи Азимбек Бекназаров:

-15 жылдан бери бир беткей тонолуп, уурдалып келген өлкөнү бир жылда тикелей койуу утопия десек жаңылышпайбыз. Бузуу, кулатуу оңой, куруу кыйын. Азыркы Бакиев-Кулов бийлиги Элдик революциянын бийлиги. Биз өз бийлигибизди колдоп, коргоп алууга жана ал бийликти эл үчүн иштетүүгө, биринчи кезекте биз, революционерлер милдеттүүбүз .

24-марттагы окуяларга байланыштуу бүгүнкү күндө ар кандай талаш-тартыш көз караштар айтылууда. Өткөн жылы Александр Князевдин авторлугунда «Кыргызстандагы 2005-жылдын 24-мартындагы мамлекеттик төңкөрүш» деген китеп жарыяланса, «24-март 2005-жыл – Элдик революция» деген аталыштагы жыйнак жакында жарык көрдү.

АСКАР АКАЕВ : ОППОЗИЦИЯ КРИМИНАЛГА, НАРКОМАФИЯГА ТАЯНЫП ТӨҢКӨРҮШ УЮШТУРДУ

Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев «Азаттык» радиосу менен байланышка чыгып, өлкөдө 2005-жылы 24-марттагы бийлик алмашканга чейинки жана андан кийинки окуялар жөнүндө суроолорго жооп берди.

- Аскар Акаевич саламатсызбы?

- Саламатчылык карындашым.

- Аскар Акаевич, Москвада жашап атканыңызга бир жылдай толду. Азыр ата-журтту сагынып атасызбы?

- Сөзсүз, ата-журтун сагынбаган адам болбош керек деп ойлойм. Бүгүнкү сагыныч өзгөчө деп айтсам болот.

- Сизге бериле турган суроолор абдан көп, барын үлгүрүш үчүн бир аз кыскараак жооп берүүңүздү өтүнөт элем. Москвада жашаган бир жыл убакыт ичинде эмне иштерди бүтүрдүңүз. Саясий чөйрөнү сагындыңызбы, же илимий чөйрөдө эле жүргөнүңүз сиз үчүн ыңгайлуу бекен?

- Биринчиден, өткөн жыл мен үчүн оңой-олтоң болгон жок. Негизи март окуяларынан кийинки өлкөбүздүн жана калкыбыздын башына түшкөн кыйынчылыктар, сыноолор мени ар дайым тынчсыздандырып келди, кейитти. Мен да колуман келишинче, өлкөбүздө тынччылык болсо экен, өсүп-өнүгүү болсо экен деп аракетимди жасадым. Жаңы бийликти да колдоп бердим. Ал эми жеке өзүм илимий кызматка кайрылып келгениме кубанычтамын. Себеби мен башынан профессионалдуу илимий кызматкер болгондуктан, Москвадагы академик, профессорлор мени жылуу тосуп алышты. Мына бүгүн Россиянын академиктери менен илимий кызматка киришкениме бир четинен кубанам, экинчи четинен мага күч-кубат берет.

- Аскар Акаевич, былтыркы 24-марттагы окуяга кайтып келсек. Көбүнчө коомчулукта, саясий чөйрөдө деле биринчи президентибиз Кыргызстандан качып кетти деп сизди айыптап атышат. Москвага кетип калганыңызга өкүнбөйсүзбү?

- Өкүнбөйм. Мен бул суроого бир топ жолу жооп бердим, марттагы окуялардан кийин деле айттым. Менин эң негизги максатым өлкөбүздө биримдик болсо экен, калкыбыз бөлүнүп-жарылбаса экен дегем. Кан төгүлүп, жарандык согуш чыгып кетүү мүмкүнчүлүк болду, мен ошону болтурбаш үчүн элибиздин алдындагы жоопкерчилигимди сезип, ошондой кадамга бардым. Ошол кездеги татаал саясий кырдаалды жеңилдетиш үчүн ушундай кадамга бардым. Менимче ошол окуялар бир топ кыйынчылыктарды алып келди, өзгөчө шаардагы талап-тоноолор. Бирок менимче жанагыдай жарандык карама-каршылык туулса, кан төгүлсө, андан да кыйынчылык болмок деп эсептейм. Ошондуктан мен ал кездеги чечимиме өкүнбөйм.

- Азыр эле журналисттер өкмөт үйүнөн келдик, президент Курманбек Бакиев маалымат жыйынын өткөрдү, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Сиз тууралуу айтып атып, кыргыз элинен кечирим сурашы керек деп айтты. Ушуга кандай жооп айтат элеңиз?

- Мен президент болгон кезимдеги болгон кемчиликтерди айтып эле келем, бүгүн деле айтам, мындай чоң жумушта кыйын мезгилде, Советтер Союзу урап, Кыргыз Республикасы өз алдынча эгемендүү мамлекет курган кезде кемчиликсиз, катачылыксыз саясат жүргүзүүгө өзү деле мүмкүн эмес болчу. Кемчиликтерди айтып, моюнга алып эле келгем мен мурунтадан. Бирок мен элибизден кечирим сурагандай элибизге каршы, жалпы улуттук кызыкчылыкка каршы эч кандай аракет, эч кандай кылмыш кылган жокмун да.

- Аскар Акаевич, 24-марттагы окуяга кайтып келсек. Сиз кайсы жерден жаңылдым деп ойлойсуз? Кээ бир серепчилер айтат, Аскар Акаев эл толкуп атканда элге чыга калса болмок, кээ бирлери айтат кетпей эле көкбеттенип эле Акүйдө турса болмок дейт? Оюңуз кандай?

- 24-мартта өзүңүздөр деле көрдүңүздөр, теледен өкмөт үйүнүн алдындагы миңдеген адамдарды элдин өкүлдөрү деп эч качан айтууга болбойт. Ал жерде көбүнчө криминалдык элементтер келбедиби. Колдоруна бөтөлкө-бөтөлкө арак көтөрүп жүрүштү, наркотик чегинген адамдар. Ал түрлөрү менен кепке-сөзгө эч кандай келмек эмес. Төңкөрүштү уюштурган келишпес оппозициянын лидерлери атайын ошондой төңкөрүш максатында ушундай криминалдык структураларга таянбадыбы.

- Аскар Акаевич, март окуясы жакындап келатканда өзгөчө күч органдары, улуттук коопсуздук кызматы, ички иштер министрлиги болобу, тымызын оппозицияга иштей баштаган деген пикир бар. Сиз ушул маалда, март ыңкылабында кырдаалды толук билип, толук маалымат алып турдум деп ойлойсузбу?

- Бүгүн сөзсүз ачык айкын болду, элдин көзү жетти. Бирок 24-марттан кийин менин дагы көзүм жетти, эң негизги, мисалы улуттук коопсуздук башкармасы, бизге толук жана так маалымат бере алган жок өлкөдө болуп аткан кырдаал боюнча. Келишпес оппозициянын криминалдык күчтөр менен бирге иштегенин, наркомафияга таянып атканы жөнүндө менде чындыгында маалымат болгон жок. Мен эч качан ойлогон эмесмин, оппозиция криминалга, наркомафияга таянып төңкөрүш уюштурат деп. Чындыгында Улуттук коопсуздук башкармасы бул жагынан начардык кылды деп айтууга толук негиз бар. Балким, билип эле мага айткан эмес, эл айтса бекер айтпайт да. Ошол оппозиция менен кырдаалды жеңилдетиш жөнүндө сүйлөшпөй эле, балким төңкөрүштөн кийин кызматташтыгын сүйлөшүп жүргөн деген ой пикир менде да бар бүгүн. Чындыгында мен чоң жаңылыштыгым ушул деп эсептейм, шайлоонун алдында сөзсүз ташыркап калган, же болбосо жеңил көз карашта иштеген жетекчилердин көбүн алмаштырыш керек эле. Мен шайлоо өткөндөн кийин жаңы өкмөт түзсөк, жаңыртсак, жаңы күчтөрдү, жаңы лидерлерди алып чыксак деп ойлогон элем. Бул жагынан жаңылыш кетиптир, шайлоодон мурун жасаш керек эле.

- Революцияга байланыштуу дагы бир суроо. Ошол кезде Россиядан куралдуу жардам келаткан деген да имиш бар. Өзгөчө Альфа Казакстанга туштап жакындап калыптыр, алар келгенде революцияны күч менен басмак экен деген имиш кептер бар. Сизден сурайт элем, Россия, Казакстан өңдүү өнөктөштөрүңүздөн жардам сурап көрдүңүзбү толкундоону басууга?

- Жок. Мен президенттик мезгилде бир нече принциптерим бар эле. Биринчи принцип- демократиялык жолдон тайбай өнүгүү, экинчи негизги принцип - республиканын ичиндеги ички иштерге эч качан сырткы күчтөрдү пайдаланбоо принциби. Мен 14 жыл ушул принциптен тайбай келдим.

- Демек, “Альфа” келген эмес?

- Жок. Мен кайрылган да эмесмин. Бир себеби тарых деле көрсөтүп турбайбы, тышкы күчтөрдүн күчү менен бийлик сактагандардын арты эч качан жакшы болбойт. Себеби бул баары бир элдин ичиндеги ынтымак, биримдикти бузуп, ошондой эле жарандык согуштарды чыгарууга себеп болот.

- Москвада жашап атпайсызбы, баары бир ата-журттан алыс болгондо зеригип, сагынып дегендей кыйналуу болот да. Баарына көз жумуп, кайыл болуп билет сатып алып эле самолетко отуруп Бишкекке келип калсаңыз кандай болот? Эл, бийлик кандай тосуп алат дейсиз? Эмне кармап атат сизди?

- Мен элестетип көрсөм, эгер ушундай кадамды жасасам Кыргызстандагы саясий кырдаал менимче вулкан жарылгандай эле өзгөрмөк деп эсептейм. Себеби өзүңүздөр деле көрүп турбайсызбы, мына бир жылдан бери 24-марттан кийин эле жаңы бийлик мени, менин үй-бүлөмдү куугунтуктаганды, жамандаганды, көө жаап каралаганды мамлекеттик саясат кылып алышпадыбы. Ошол бүт болгон терс окуялардын баарын биз Акаевдер менен, Акаевдик күчтөр менен байланыштырып келе жатышат. Ошондуктан коомчулуктун мээсине сиңип, коомдук пикирге айланды. Терс мамиле зор эле деп эсептейм, бирок ошого карабай жакшылыкты каралыктан ажырата алган адамдар деле бар. Мен кат деле алып атам. Бирок ушул кадам сөзсүз элди экиге бөлүп жармак. Ал эми бийлик болсо сөзсүз мени Кыргызстанга келтирбеш үчүн бардык аракеттерин көрүп атат. Кылмыш иштери, телевидение, гезиттердеги информациялык террор, ушунун баары Акаевдерди келтирбеш үчүн жасалган аракеттер да.

- Аскар Акаевич, кылмыш иштер демекчи, мен кызыңыз, уулуңуз тууралуу сурабасам болбойт го. Айдарга да кылмыш иштери козголгон, Мээрим фондусу боюнча жубайыңызга, күйө балаңызга кылмыш иши козголгон. Азыр бала-чакаңыз кайда? Алардын коопсуздук, Кыргызстанга кайтып келиш жагы, жашоо-турмуш кандай?

- Жашоо турмушубуз алынча эле. Өтө жакшы десем менимче туура эмес болот го. Себеби, өзүңүз айткандай, биз Атажурттан алыс туруп атабыз. Жаңы бийлик болсо биздин үй-бүлөбүзгө карата каралоо пропагандасын жүргүзүп атат. Баягы сталиндик эле мезгилдегидей репрессия, куугунтуктоо жасап атпайбы. Ошондой эле Айдар, Бермет бул жерде убактысын жоготпой эле иштеп, окуп жатышат. Бирок телегейи тегиз деп айта албайм, себеби экөөнүн тең максаты бар эле депутат болуп шайланып элибизге кызмат кылалы деген. Берметтин болсо депутаттык мандатын күчкө салып эле тартып алышты. Айдарга болсо жанагыдай саясий иштерди козгоп, иштегенге мүмкүнчүлүк бербей атышат. Айдарга козголгон иштердин эч кандай юридикалык негиздери жок. Аны парламентте каралганда ошол жердеги депутат, юристтер деле ачык айкын айтышты, депутат Акаев Айдарга козголгон иштин эч кандай юридикалык негизи жок деп. Бүгүн иштетпей келишип, депутаттык милдетин аткарбай атат, чакыртыш керек депутаттыктан деп атышат. Мүмкүнчүлүк бербеш керек да Акаевдин үйбүлөсүнө Кыргызстанга келип иштегенге, турмуш кылганга.

- Парламенттик шайлоого кайтып барсак. Биринчи кызыңыз Бермет атсалышары, анан Айдар атсалышары белгилүү болду. Ошол кезде деле саясий кырдаал курч эмес беле. Анан үй-бүлөлүк кеңеште, дасторкондун үстүндө отуруп дегендей балдарыңызга балким кое турсаңар кандай болот, бириңер чыккыла, бириңер кое тургула дегендей кеңеш айттыңыз беле? Себеби көп эле талдоочулар айтып атат балдарын чыгарганы да кырдаалды ого бетер курчутуп ийди деп?

- Балдар өсүп жетилди, билим алышты. Бермет он жыл эл аралык уюмдарда, Бириккен Улуттар Уюмунда иштеп келди. Өзүнүн элине да кызмат кылыш керек да. Мен аларды президенттин указы менен кызматка койгон жокмун. Мына бүгүн президент Бакиев өзүнүн указы менен бир инисин Германияга өкүл кылып жөнөттү, бир инисин Кытайга, үчүнчүсү болсо Улуттук коопсуздук башкармасын башкарып атат. Баягы күнү Кыргызстандан бир гезитте жазылып жүрөт, интернеттен окудум, Акаевдин өзүнүн бир туугандары жок эле деп. Менин деле эки улуу агаларым бар. Бирок, аларды 14 жылда эч бир кызматка койгон жокмун. Эми депутаттыкка эл шайлап атат, алар өзү жетилди, элибизге кызмат кылалы деп депутаттыкка шайланды эле, ага да жол бериш керек да туурабы?

- Аскар Акаевич ошол шайлоодо сиз ишенесизби административдик ресурс пайдаланылды, балким сиз өзүңүз билбей, сизге жагалданайын, жагынайын деген чиновниктер болуп калдыбы дейм да?

- Болушу мүмкүн. Аны жок деп эч качан айта албайбыз. Кандай мамлекет болбосун бийликте турган адамдар административдик ресурсту пайдаланбай койбойт. Демократиялык мамлекеттерди алсаңыз деле ошол жерде пайдаланып жатышпайбы. Андай болушу мүмкүн, мен ага каршылык айта албайм.

- Күйөө балаңыз Адил Тойгонбаев жөнүндө да көп эле аңыз-кептер бар, Кыргызстанды курутуп, союп кетти, көп бизнесин бул жакта жүргүзүп, кайра Казакстанга ташып кетти деген ар кандай сөздөр айтылып атат. Күйөө балаңыз азыр кайда, кылмыш иштери тууралу эмне айтат элеңиз?

- Кылмыш иштери жөнүндө өзүңүз, жалпы калайык калк жакшы билет, жаңы бийликтин биринчи эле кадамы 24-марттагы окуялардан кийин бул президент Бакиевдин указы болду, Акаевдердин байлыгын табыш керек деген. Ал үчүн атайын өкмөттүк комиссия түзүштү вице-премьер Данияр Үсөнов башкарган. Ошол комиссия алты ай иштеп Акаевдердин ашынган байлыгын тапкан жок да, туурабы. Ошол Данияр Үсөновдун өзү кайда экени белгисиз. Бирок ошол комиссия эмне иш жасады? Комиссия Акаевдер экономиканы бүтүн басып алыптыр, үй-бүлөнүн менчиги кылып алыптыр деген шылтоо менен бүт республикадагы ишканалардын баарын, ишкер адамдардын баарын текшерип, инвентаризация жасап, жаңы бийлик тарабынан мыйзамсыз күч менен кайра бөлүп алууга эле негиз түзүп бербедиби. Аны бөлүп алышпадыбы. Ал жөнүндө азыркы депутат Бекназаров башкы прокурор кезинде деле айтып чыкпадыбы. Ошондуктан ошол комиссия толук текшерип мыйзамсыз жасаган иштерди мында айтып, далилдеп чыга алган жок. Эми күйөө бала билесиздер Казакстандын жараны, казак калкынын кулуну ошон үчүн мен башка маалымат бере албайм.

- 420 миң доллар боюнча сот иши болуп атат, билесиз да? Сот иши боюнча эмне айта аласыз, ал каражат Баткен окуясында колдонулган дейт, мамлекеттик бир маанилүү ишке кеткен дейт?

- Билем. Менин жообум кыска эле болот. Себеби 420 миң доллар боюнча ишке менин эч кандай тиешем жок. Мени буга байланыштырышканын мен биринчи жолу бир ай мурун март айынын баштарында интернеттен окудум. Менин эч кандай тиешем жок. Мен билген да эмесмин ушундай иш бар экенин. Мен ойлойм, Данияр Үсөновдун комиссиясынын ишинен эч пайда чыккан жок, Акаевдин ашкере байлыгын тапкан жок. Билесиздер, ошол эле Данияр Үсөнов менен Бекназаров экөө жарым миллион доллар берип америкалык юрист Либерманды жалдашкан, Акаевдин миллиарддарын чет өлкөдөн Швейцария, Америкадан таап келебиз деп. Жакында башкы прокурор Конгантиев өзү айтты, Акаевдин бир центин дагы таап келген жок деп ага жооп берди. Анан же сырттан, же ичтен натыйжа чыкпагандан кийин азыркы бийлик аракет кылып атат болгон терс иштердин баарын мага жүктөгөнгө. Ошонун эле бир көрүнүшү деп эсептейм.

- Ошол кезде президенттик администрациядан кайра эсеп палатасына өтүп, жаңы эле эсеп палатасын башкара баштаган Медет Садыркулов айтат, Аскар Акаевичке өз колум менен кабинетине алып кирип бердим эле деп?

- Жок. Мен дагы бир жолу тактап, жооп бергим келет. Менин эч кандай тиешем жок. Билген да эмесмин, көргөн да эмесмин. Мен бул иш жөнүндө мына ушул март айында интернеттен окуп олтурам. Менин адвокатым азыр ошол сотко катышып жатат. Эч кандай далили жок, бул болгон эле көө жабуу. Балким, ошол бийлик менен биргелешип алып мага жалаа жаап жатышат деп эсептейм.

- Аскар Акаевич, Москвада мисалы, досторуңуз бар, эски досторуңуз дегендей. Саясий чөйрөдөгү президент болобу, экс-президенттер болобу азыр кимдер менен жолугушуп, баарлашып турасыз. Борис Ельцин менен жолугуп жатасызбы, кимдер менен мамиле, карым-катнаш кылып жатасыз?

- Мен чоң саясаттан кеттим деп жарыялабадымбы. Ошондуктан мен мындай саясатчылар менен бул жерде эч кандай байланышым, жолугушум жок. Бир гана Борис Николаевич Ельцин менен байланышыбыз бар. Ал кишилердин үйүндө болобуз кез-кезде. Мына жакында 75-жылдык мааракесине чакырып, Кремлде болдук. Негизинен мен илим чөйрөсүндөмүн. Азыр Москва университетинде профессор болуп иштеп жатам. Ушул университеттеги профессорлор, академиктер, академияда мурун иштеп жүргөн институттар менен кызматташтыгым бар. Негизинен мен ушул илимий чөйрөдө байланыштарым бар.

- Аскар Акаевич, Үзөнгүкууш, Аксы окуясы боюнча аябай бир чоң кептер жүрүп жатат. Сиз деле окуп жатасыз, сизге да дооматтары бар айрым коомчулукта, ушуларга кандай жооп айтат элеңиз. Убагында туура кылынганбы, туура эмес болгонбу?

- Эми Үзөнгүкууш боюнча эч кандай доомат болушу мүмкүн эмес. Ал жерде мына атайын өкмөттүк комиссия иштеген. Менимче, абдан билимдүүлүк менен иштеди. Мына өзүңүздөр билесиздер Кытайдын Кыргызстан гана эмес Казакстандын, улуу держава Россия менен да ушундай маселеси бар болчу. Ошондой эле Тажикистан ошол төрт өлкө тең чек ара боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди. Мына төрт өлкөдөн тең Кытай тарабынан доомат коюлган жерлердин канча бөлүгү Кытайга өттү, канча бөлүгү Кыргызстанга калды. Ошонун ичинде мен айтаар элем Кыргызстан эң көп, отуз процентин берип, жетимиш проценти бизге калды. А башка мамлекеттерде мисалы, 50-50 процент болуп чечилгени бар. Тескерисинче, 70-30 процент болуп чечилгени бар. Менимче, бул абдан кылдаттык менен жүргүзүлүп сүйлөшүлгөн жана Кыргызстан үчүн бул сүйлөшүүлөр абдан жеңиштүү болду деп эсептейм. Мен эч качан ага кабагым-кашым дебейм. Ал Кыргызстандын тескерисинче чөн жетишкендиги болуп эсептелди. Кытай улуу мамлекет ХХI кылымда үчүнчү бир жылдыкта Кытай менен Кыргызстандын мимилеси мына 2000-жылы кандай жакшы мамиледе болсо, ошондон жакшы мамилеге өтүшүбүз керек. Кытай менен жакшы мамиледе болбогон мамлекет ХХI кылымда өсүп, өнүгүп жакшылык жарата албайт. Ал эми Аксы окуясы болсо туура, кайгылуу окуя болду. Ошол жергиликтүү бийликтердин жаңылышы, ошолордун кетирген катасы акыры жалпы улуттук трагедияга алып келди. Мен ошондо эле өз пикиримди айттым. Жазасын алышты күнөлүүлөр. Ошол жергиликтүү жетекчилер, республикалык деңгээлдеги жетекчилер да өздөрүнүн жазасын алышты. Эми Аксыдагыдай окуя эч качан кайталанбаш керек. Туура, президент катары менин да жоопкерчилигим бар. Мына азыркы президент К. Бакиев деле ошол кезде өкмөт башчысы болуп иштеген. Анын да жоопкерчилиги бар. Ошол кыйын окуяларды убагында стабилдештирүү маселесин карабастан оорудум деп Жалалабатта курортко жатып алган бир ай.

- Аскар Акаевич, ошол окуя болуп жатканда өзүңүз Бишкекте белеңиз?

- Жок. Мен ошол окуя болгондо сапар менен чет өлкөдө элем. Азыр эстей албай жатам, кайсы мамлекетте экенимди. Бирок, ошол окуя өткөндөн кийин үйгө келип калдым. Анан комиссия түздүк, билесиздер да комиссияны премьер-министр Николай Тимофеевич Танаев башкарып, комиссия абдан жакшы иштеп жыйынтыгын чыгарып берген өз убагында.

- Аскар Акаевич, 4-5 адам жазаланып, бирок кайра мунапыска кабылышпады беле. Азыр кайра сот жараянын жандандырыш керек, жаңы ачылган жагдайларга карата. Анан сот процессинде аксылыктар өзүлөрү деле айтып жатат, Аскар Акаевичти кошо жоопко тартыш керек эле, буйрук берген ошол адам, же анын жанындагы жакындары, алардын Аскар Акаевичтин макулдугу менен кылган деп. Сиздин пикириңиз кандай?

- Мен айтаар элем, мнин негизги принцибим, саясатта ички маселелерди күч менен чечүүгө мен каршы болчумун. Ошон үчүн 24-мартта да мен эч кандай күч колдонууга болбойт деп айткам. Мен 24-мартта, дегеле март айында курал-жарак алып жүргөнгө тыюу салгам.Ошол кезде милиционерлердин курал-жарак көтөрүп жүрүшүнө тыюу салгам. Себеби курал-жарак көтөрүп жүрсө, бири болбосо да бири атылышы мүмкүн болчу. Мына 24-мартта дагы бир жолу ошол принципти далилдеп кеттим. Менин өзүмдүн тагдырыма мисалы кыйын эле болду, бирок кан төгүлбөгөнүнө ыраазымын, мен туура кылдым. Менин да акыркы командам 24-мартта курал колдонбогула, эч кандай ок атпагыла деген команда болду.

- Аскар Акаевич мына ошол төрт жыл мурда 17-мартта Аксы окуясы болгон. Анан алты адамдын набыт болгонун сизге ким, кандай шартта угузду?

- Премьер-министр Танаев телефон чалып айтты.

- Өкмөт башчысы катары жаман болдуңузбу?

- Сөзсүз. Президент үчүн кандай гана адам болбосун, кашык каны да кымбат да.

- Мартта Аксы окуясынын төрт жылдыгы болуп куран окутушту. Азыр мына сизди угуп жатышат. Аксылыктарга кандай сөз айтат элеңиз Москавада туруп?

- Аксылыктарга тынчылык, ынтымак каалайм. Мына жакында эле жаңы жыл жаркыраган Нооруз майрамы болуп өттү. Нооруз көп жакшылыктарды алып келишин каалайм жана экинчи мындай окуялар Аксыда гана эмес жалпы Кыргызстанда эч качан кайталанбашын каалайм.

- Мынакей ХИПИК программасына көбүнчө африкалык жарды өлкөлөр кирген. ХИПИК программасы аркылуу Кыргызстандын карызын жоюу маселеси козголуп жатат. Ушуга сиздин пикириңиз кандай? ХИПИККЕ кириш бул Кыргызстандын имиджине таасир этеби, же карыздын көпчүлүк бөлүгүн алып Кыргызстандын келечеги үчүн жакшы болобу?

- Менимче, ХИПИКке кириш чоң каталык болот. Мына өзүңүздөр билесиздер менин убагымда дагы биз такай талыкпастан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тышкы карыздарды реструктуризациялоо жолу менен кыскартып келгенбиз. Мына өзүңүз билишиңиз керек 2001-жылы проценттерин кыскартканбыз Париж клубдан. 2005-жылы март айында Париж клубунда биз ошонун 60 процентин кыскартканбыз реструктуризация жолу менен. Бул эч бир мамлекеттин аброюна, имиджине эч кандай терс таасир бербейт. Тескерисинче, ишенимдүү мамлекет деген баа алганбыз. Мына Кыргызстандын ишенимдүү мамлекет деп Париж клубунда реструктуризация жасап, 60 процентин кыскартып берген. Мына ушул жол менен барыш керек эле ошондо Кыргызстандын бийик аброюн дүйнөдө эч кандай төмөндөтпөйт элек. ХИПИК деген чындыгында жалаң африкалык мамлекеттер. Аларга ишениш жок. Алар көптөгөн шарттарды коюшат. ХИПИКтин бир начар жери алардын группасына кирген мамлекеттер жанагындай жеңилдетилген кредит, грант жардамдарынан айрылып калышы мүмкүн. Мисалы, Япония мамлекети ХИПИК мамлекеттерине жардам бербейт. Сиз билесиз, Япония бизге абдан чоң жардам бербедиби. Бишкек-Ош жолун, Манас аэропортун ошолор курдуруп бербедиби. Ошондуктан жанагындай чоң процент менен рыноктук кредиттерди алууга мажбур болуп, кайта эле тез убакыттын ичинде карызга батып кетет мамлекет. Ошондуктан мен бул ХИПИКке киргенди өтө чоң катачылык деп эсептейм.

- Жаңы бийлик Ганси базасы үчүн каражатты көбүрөк сурап атат. Кандай деп ойлойсуз, сиздин учурда келишимге акчасы аз жазылып калган, көбөйтүш керек деп атышат. Ушул жагынан Ганси тууралуу айта кетсеңиз, негизи эки базаны тең эле сактап туруш керекпи азыркы бийлик?

- Ганси базасы өз убагында төлөө жагы ар дайым саясий шартка карата чечилет. 2001-жылы саясий кырдаал дүйнөдө башка эле. Ошондо Ньюйоркто жанагыдай трагедия болуп, бүткүл дүйнөлүк терроризмге каршы коалиция уюшулуп, ошого бардыгыбыз кирип, ошол шартта сүйлөшүлгөн маселе да. Эгерде бийлик сүйлөшүп, бийлик бүгүнкү күндө көбүрөк төлөм алса экономика үчүн жакшы эле болот. Ганси базасынын статусу башынан эле белгиленген, Ооганстандагы саясий кырдаал оңолгонго чейин деп. Ооганстанда саясий кырдаал оңолгондон кийин Ганси базасы жабылыш керек деген келишим түзүлгөн. Ал эми Канттагы Россиянын базасынын статусу башка. Келишим региондогу коопсуздукту, стабилдүүлүктү сактоо, ошонун компоненти болуп кирет. Анын деле пайдасы зор.

- Азыр эми башка батыштын өлкөлөрүнөн, чоң-чоң эл аралык уюмдарданбы балким, жумуш сунуштагандар болуп атабы?

- Жогоруда айткандай, мен чоң саясаттан кетүү чечимин кабыл алдым. Бүгүнкү күндө Москва университетиндеги илимий кызматым мени толук канаттандырат, ошондуктан мен жумуш издеген жокмун.

- Демек, дарс окуп сабак бергениңиз азыр сизге дал келет экен да өзүңүздүн жан дүйнө акыбалыңызга, өзүңүздүн каалоңузга?

- Туура.

- Криминал дүйнөнүн бир лидерлеринин бири деп жүрүшөт, бирок сот процесси азырынча чечим чыгара элек, андыктан биз азыр ошондой деп айта албайбыз. Бирок Рысбек Акматбаев деп уккансызбы, уккан эмессизби, “Алас” гезитине берген маегинде “Аскар Акаев мага жардам сурап, өзгөчө шайлоодо бул талапкерди өткөрбө, өткөр деп кайрылып турчу эле” дейт?

- Мен ошондой сөздөрүн окуп, интервьюсуна жооп жазып жибергем мунун баары жалган, мен эч качан президент болуп туруп мындай криминал менен эч качан байланышкан эмесмин, тескерисинче менин убактымда криминал менен талыкпастан күрөшүп гана келгенбиз. Менин убагымда Акматбаев жана башка криминалдык авторитеттердин кайда экенин билесиз. Алар ачыкка чыгып саясатка кийлигишчү беле? Бир дагы андай факт болгон эмес 14 жыл ичинде. 24-мартта бүгүнкү бийлик уюштурган төңкөрүштө ошол криминалдык авторитеттерге таянып ишке ашырышты, эми ошого төлөп атышат десек болот. Ошондуктан криминал бийлик менен чырмалышып атат. Менимче, дүйнөлүк тажрыйба көргөзгөндөй бийликтин криминал менен чырмалышы бул мамлекеттин келечегине туудурулган өтө чоң коркунуч. Мына Латин Америкасын алып көрөлү. Мен айтар элем бүгүнкү бийлик чечкиндүү түрдө криминалды четтетиш керек бийликтен. Антпесе Кыргызстандын келечегине балта урушат.

- Азыр коомчулукта ушундай бир пикир бар, сиз президент кезиңизде үй-бүлө мүчөлөрү, айрыкча жубайыңызды айтышат, аялы көп аралашып кийлигишчү, атасына эстелик орнотуп, ушундай бир ашыкча нерселер көп болгон деп?

- Менин үй-бүлөм эч кандай мамлекеттик иштерге кийлигишкен эмес. Бул жанагы оппозициянын ойлоп тапкан көп мифтеринин, жалган каралоо негизинин бири деп эсептейм. Тескерисинче, менин үй-бүлөм колунан келишинче ар бири элибизге жардам эле кылып келди. Мына менин өзүмдүн жолдошум Майрам Акаеваны алсак, кайрымдуулуктан башка эч жака кийлигишкен жок. Кайрымдуулук менен гана алпурушуп келди. Эл аралык Мээрим фондун уюштурду. Фонддун максаты эмнеде эле? Фонддун максаты Кыргызстандын балдары билимдүү, бактылуу болсо экен деген эле максат. Мына жасаган иштерин элибиз көрүп турат. Бишкекте эки, Чолпонатада эки жетим балдардын үлгүлүү кыштактарын куруп койду. Чолпонатада Кыргызстандын балдарынын эс алып, ден-соолугун чыңай турган дүйнөлүк стандарттагы балдардын санаториясын куруп атты эле, өткөн жылдагы март окуясы төңкөрүштөн кийин баары токтоп калды. Жана кылмыш ишин козгоду деп айтып кеттиңиз. Ошол иштер эмнеден чыкты? Ар бир райондо Мээрим фонду балдар үчүн балдардын билим алуу борборун уюштурган эле. Ошол жерде айылдын балдары компьютерде иштегенди, чет тилдерин, музыкалык инструменттерде ойногонду үйрөнсүн деп куруп аткан. Ошонун баарын компьютерлер менен, пианино, скрипкалар менен жабдып чыкты эле. Ошонун баарын азыр, аны Майрам Акаева өз жеке кызыкчылыгына пайдаланчудай, өкмөткө алып эми сатып атышат. Анын жакшылыгын ким көрөт, он чакты ишкер адам көрөр. Бирок миңдеген балдар ошол жерден компьютер үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп койду, балдарга эле начар болду. Менимче мунун баары бийликтин саясаты, Акаевдин ишин каралоо. Бул миф, эч качан эч кандай кийлигишкен эмес. Менин улуу кызым Бермет он жыл чет өлкөдө иштеп келди. Бир күн дагы мамлекеттик кызматта болгон жок. Туура, кийин өз элине кызмат кылып берейин деп депутат болуп шайланды, ал максатына да жете алган жок.

- Мээрим фондусу жөнүндө сурайын деп атам. Азыр башкы прокуратурадан алынган маалыматтарды карасак акимдер, губернаторлор акча которгон экен, ошондон улам келип чыгып атат кылмыш иши, мамлекеттик каражатты коомдук, бей өкмөт уюмга которгон болуп атат?

- Губернатор, акимдердин акчалары мен айткандай, ошол эле өздөрүнүн районундагы, ошол эле облустардагы балдарга билим берүү борборунда иштеген мугалимдерге шарт түзгөнгө жумшалды да, Майрам Акаева өзүнүн кызыкчылыгына пайдалданыптырбы.

- Майрам Акаева жазган китеп жөнүндө, ошондо Үсөн Сыдыков азыркы президенттик администрациясынын жетекчиси “дикообразный” деп жазыптыр деп сотко берип атат. Ошол тууралуу маалыматыңыздар барбы?

- Жок, ал тууралу эч кандай маалыматым жок. Мен жана да кайталап айткым келет, азыркы бийлик бизди каралоо, жамандоо боюнча мамлекеттик саясатка айлантпадыбы. Бардык гезит, телевидение, радио болуп бизге ошондой кампания жүргүзүп атканда баарын угуп, баарын окушка мүмкүн эмес экен.

- Ушуну менен маегибизди жыйынтыктасак. Аягында сизге эркин микрофон.

- Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен касиеттүү калайык калкыбызга жакшы өзүмдүн каалоолорумду айткым келет. Жакында эле жазгы жаркыраган Нооруз майрамы болуп өттү. Өткөн майрам менен куттуктап кетким келет. Ушул жаңы жылда калкыбыз тынччылыкта болсун. Элибизге эмне керек? Элибизге ынтымак, биримдик керек. Ынтымак, биримдик болсо стабилдүүлүк болот, стабилдүүлүк болсо алга жылат, өлкөбүздүн, калкыбыздын турмушу оңолот. Мына ушундай стабилдүүлүктү каалайм жана жаңы жыл калкыбызга ар бир Кыргызстандын жаранына көп жакшылык алып келишин каалайм. Өзүңүзгө ырахмат Чолпон карындашым.

- Аскар Акаевич, сизге рахмат, ден-соолук, иштериңизге ийгилик каалайбыз.

ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮНҮН БЕЛГИСИ КӨРҮНӨ ЭЛЕК

Элдик ыңкылап ишке ашкандан берки бир жыл ичинде Кыргызстандын саясий-экономикалык турмушунда кандай олуттуу өзгөрүүлөр болуп өттү? Элдик революциянын идеалдары ишке ашырылдыбы?

Бийликтин бир колдон экинчисине мажбур өткөрүлүшү артынан оголе көп саясий-социалдык, алары аз келгенсип экономикалык проблемаларды ээрчите келерин кыргыз коомчулугу күтпөсө деле керек. А.Акаев режими калк көөнүнө аябай тийген белем, экс-президенттин өлкөсүнөн кетип калышына эле элдик революционерлердин кыйласы ыраазы.

- Биздин оппозициянын койгон максатына жеткенибиз – бул А.Акаевдин тоталитардык режимин кулатканыбыз болду. А кемчилиги чынында экономикалык жактан артта калдык,- дейт Элдик революцияны коргоо коомдук кыймылынын жетекчиси Болот Айдаров.

Анын пикирин дагы бир ыңкылапчы Нурлан Алымкул уулу да колдойт.

- Чындап айтканда элдин мүдөөсү аягына чыкпай калды. 99% бийликте А.Акаевдин кишилери калып калышты дагы, экономикалык ахывалыбыз күндөн-күнгө оорлоп баратат. Эски режимдин эле бийлиги кайра калып калды.

Ыңкылапты эл өзү уюштурганын Нарынбек Сапалов да ырастайт.

- Революция болду, эл жасады. Эмне кылып атасыңар деп, бийликке капыстан келип калышты. Эптеп эле беш малыбыз бар, ошону карап эле жатабыз. Завод-фабрикалар талкаланган.

Бийликти алмаштыруунун түпкү максаты элдин турмушун жакшыртууга шарт түзүү, коррупцияланган үй-бүлө бийлигин жоготуп, эл камын ойлогондорду башкарууга алып келүү болчу. Белгилүү ишкер Борис Воробьев А.Акаевди бийликтен кууп түшкөн элдик ыңкылаптын кемчилине караганда жакшы жагы көп болду деген пикирде.

- Мен жакшы жагы көбүрөөк болду деп эсептейм,- дейт Борис Воробьев.

Ыңкылаптан кийинки бир жыл ичинде экономикада өнүгүү байкалбай, макроэкономикалык көрсөткүчтөр кыйла төмөн экендигин жаңы бийлик өкүлдөрү деле жашырбай эле айтып келатышат.

- Экономикалык жагынан алганда деле, менин оюмча, өткөн жыл ийгиликтүү болду деп айтыш кыйын,- дейт Улуттук банк төрагасынын милдетин аткаруучу Максатбек Ишенбаев.

Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров бир жыл ичиндеги дурус жышаан катары өлкө экономикасы кургуйга кулап түшпөй, белгиленген чекке жетпей калса да, өзүнүн ийкемин сактап калганына басым жасайт.

- Билесиздер, өкмөт тарап кетип, президент жок болгон чакта биздин экономика түпкүргө түшүп кетпеди. Жеке менчикке таянган экономикалык реформалар өзүнүн ийкемин көрсөтүп, туруктуулугун сактап кала алды. Өткөн жылы ички дүң продукттун төмөндөшү байкалды, жыйынтыгын 0,4% жетишпестик менен аяктадык. Жалпысынан алганда, быйылкы эки айда «Кумтөрдү» кошкондо 3,8% өсүшкө жетиштик. Жүрө-жүрө баары калыбына келерине ишенем,- дейт Акылбек Жапаров.

Ыңкылаптан кийинки бир жыл экономикалык өнүгүшкө жол аччу үмүт-тилекке байланып, бийлик менен оппозиция, ортодо турган калк – баары эртеңкисине баам таштап отурат.

24-МАРТТАГЫ ОКУЯЛАР: РЕВОЛЮЦИЯБЫ ЖЕ ТӨҢКӨРҮШПҮ?

«Эртең 24-март… Элге эмне дейбиз, ыя?». «Мезгил» гезити койгон мына ушул суроо бүгүнкү басылмалардын негизги темасы болду окшойт.

«Кыргызстан» элдик кыймылынын жетекчиси Азимбек Бекназаров революцияны эл жасады деп эсептейт. Анын «Эл революция жасады. Саясатчылар элдин артынан ээрчип жүрдү» деген макаласы бейшембидеги «Мезгил» гезитинде жарыяланды.

«Кыргызстандын эли мамлекеттин бийлиги бир үй-бүлөнүн колуна өтүшүнө көп жылдар каршы туруп, 2005-жылдын 24-мартында жеңишке ээ болду. Элдик революциянын жеңүүчүсү да карапайым эл».

Жеңилгендер акаевчилер, анын бийлигин ачык-тымызын колдогондор элдик ыңкылапты «төңкөрүш болду» дегендер. Азимбек Бекназаров революция дагыле уланууда дейт, аны коргоп калуу милдет экенин эскерткен.

Революция болгонун, бирок ал максатына толук жете электигин ыңкылапчылардын координациялык кеңешинин мүчөсү Орозбек Дүйшеев да ушул эле гезитте ырастаган. «Ошол революцияга катышкандардын ичинде да контрреволюционерлер бар экени кийин билинди», дейт О.Дүйшеев.

«Бакиев бийликке келгени эч нерсе өзгөргөн жок, жада калса акаевдик кадрларды алмаштырбады деген узун сабак кеп бүтөлек». «Жаңырык апта» гезитинин жаңы санындагы «Парадды Гитлер кабыл алабы?» деген макаласында К.Полотов ушундай маселенин учугун чубайт. Революция парадын Ош менен Жалалабадда Акаев кадрлары кабыл алат. «Эртең 24-марттагы жеңиш парадын ушул гитлерчилер, тфу, акаевчилер кабыл алышат. Мына сага кызык. Революция кылгандар кур калып, качкандар кайрале бармагын жалап жатпайбы», деп жазат К.Полотов.

24-мартта Акүйдү камалоодо башынан жарадар болгон Гүлжигит Молдокаримовдун «Таксист кишиге дубинкамды белек кылгам» деген баяны да гезиттин жаңы санында жарыяланган. Кызуулук менен урушка кирип кеткен Гүлжигит көзү караңгылашып, башындагы кан токтобой койгондо ооруканага барган. «Жанымда акча жок болгондуктан таксистке түшүндүрүп колумдагы дубинкамды ага белек кылганым эсимде», дейт ыңкылап катышуучусу.

Бейшембидеги «Алас» гезити 2005-жылдын 24-мартындагы эл толкунунан коркуп чет жерге кеткен Аскар Акаевдин «Би-Би-Си» үналгысынын суроолоруна берген жообун жарыялады. Экс-президент март окуясына көз карашы өзгөрбөгөнүн айтып, аны «оппозициянын лидерлери жана саясий авантюристтер жетектеген криминалдык күчтөр өкмөт үйүн басып алып, антиконституциялык төңкөрүш» уюштурган, дейт.

Кыргызстан опсуз чоң карыз акча ала берип эларалык каржы уюмдарынын айткан-дегенинен чыга албаган өлкөгө айланып баратканы К.Токтошевдин ушщул эле гезиттеги «Бакиев «батальонунун» баасы» деген макаласында козголгон. Эларалык каржы уюмдарынын HIPIC демилгеси карыз каргысын дагы катуулатуу амалы дейт макала автору. Чет элдик карыздын эсесине башкаруу бийлиги дүңүнөн сатылганы турат.

А.Акаев он беш жыл туура саясат жүргүзсө эчак бутка туруп калмакпыз, дейт экономика илим доктору Жумакадыр Акинеев. Анын ырасташынча, ыңкылаптан кийин саясатка, мамлекеттик кызматтарга жаш муундар келиши керек эле. Азыркы бийлик жакшы иштебей жатат.

Кыргызстанда ишке караганда сөз, майнабы жок майрамдар арбын экенин парламент депутаты Авасбек Момункулов ушул эле гезит аркылуу билдирген. Революциядан кийин жакшы жыйынтыктар чыкпаса элдин көңүлү кайт болору Спорт жана дене тарбия иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бектур Асановдун маегинде баяндалган.

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча арбын кеп болгону менен, бул жаатта эч кандай жылыштар байкалбаганын бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде Галина Лунева «Куржунун көтөрүп алып» деген макаласында козгогон.

РИНА ПРИЖИВОЙТ: 24-МАРТТАГЫ ЫҢКЫЛАПКА ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ БАШКЫ СЕБЕПКЕР

Маекти алып барган Венера Сагындык кызы, Прага. Ушул тапта Кыргызстандын Австрия, Мажарстан, Чехия жана ЕККУдагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси, ал эми бул кызматка дайындалганга чейин көз каранды эмес журналист катары кеңири таанымал болгон Рина Приживойт айым 19-мартта “Азаттык” үналгысы үчүн маек куруп, өткөн жылкы тарыхый бурулуш окуяларга өз баасын берди. Анын айтымында, элдик ыңкылаптын капысынан дүрт алышына мурдагы мамлекет башчынын өзүнүн калпыс саясаты себепкер болду.

- Рина Негматовна, сиз мурдагы бийликти үзбөй сындаган таасирдүү оппоненттердин бири элеңиз. Ал бийликти кулатуу боюнча ыңкылап ишке ашты, атүгүл ал окуядан бир жыл өттү. Ошол ыңкылаптын натыйжаларына ыраазымын деп айта аласызбы?

- Акылы кемдер эле баарына ыраазы болушат эмеспи, мен андай эмесмин го дейм. Башка мекендештеримдей эле мени да кээ бир нерселер кубандырат, дагы башка нерселер капалантат.

- Айтор, президент Курманбек Бакиев 24-мартты Элдик революция күнү деп жарыялады. Биздин угармандардын бир даары бул күндү элдик майрам катары тосуп алууга даярбыз деп жатышат. Дагы бир бөлүгү ал күнү уурдап-тоноолор болгон, бийликти басып алышкан, эч ким мыйзамга баш ийбеген тирукмуш күн болгон, майрам эмес деп жатышат. Аларга оокат-мүлкүн тоноткон жүздөгөн кишилер үн кошууда. Сиз буларга эмне деп айтаар элеңиз?

- Чоң бизнесмендерден тартып майда соодагерлерге чейин зыян тарткан талап-тоноочулук – 24-марттын оор кесепети болуп калды. Ал болбогондо бүгүн президент Бакиевдин тарапкерлери алда канча көп болот эле. Бирок ал башаламандыктын артында ким турганын унутпашыбыз керек. Элден талап-тоноп алган байлыгын, бийлигин колунан чыгарып ийген адамдар айласы кетип, “ак шапкечендерди” көчөгө чыгарбадыбы. Менин курбум Бишкектин борборунда жашайт,ал “Народный” дүкөнүнө Казакстандын номерлери басылган машинелер келип, болгон дүр-дүйнөнү басып кетип жатканын өз көзү менен көрүп турган.

Мен 24-мартта бийликти басып алуу болгон деп эч убакта айта албайм. Андай болушуна 15 жылдай эл башкарып туруп, артын карабай качып кеткен мурдагы президент себепчи болду. Анын жан-жөкөрлөрү, күч министрлери талап-тоноону уюштурду. Бул атайын даярдалып пландаштырылган акция болгонунан эч шек санабайм. Башкы прокуратура Аскар Акаевдин жакындары менен үй-бүлөсүнө каршы 86 кылмыш иш козгоду. Ошол иштердин натыйжасында казнага акча түшсө жана ал акча 24-марттагы талап-тоноодон зыян тарткан элге таратылып берилсе туура болот эле.

- Бирок президент Бакиевдин кечээки эле саясий шериктери, ыңкылапты чогуу ишке ашырган айрым саясатчылар жаңы бийликтен көңүлү калганын айта баштады. Сиздин оюңузча, жаңы бийлик ыңкылап маалында элге берген кайсыл убадаларын аткара алды?

- Курманбек Бакиевдин бардык шериктери эле ага оппонент болуп кеткен жок. Кээ бирлери кызмат бербей койду, же ыңкылапка кошкон салымымды баалаган жок деп таарынышы мүмкүн. Эми баарына “таттуу токоч” кайдан жетсин.

Баса, Акаевди колдоп-сүрөп жүргөн кээ бир кишилер да анын бийлиги кулаарына аз калганда окуялар кай тарапта баратканын сезе коюп, экс-президенттин оппоненттери болуп чыга келишкен. Башында туура айттыңыз, биздин гезит 4 жыл ичинде 4 жолу атын өзгөртүп, сандан санга Акаевдин бийлигинин эки жүздүүлүгүн, анын жакындарынын байлыкка тойбогон ач көздүгүн ашкерелеп, үзбөй сындап келдик. Ал убакта азыркы ыңкылапчылардын көбү дабышы чыкпай эле кадимкидей бийликке кызмат өтөп жаткан эле.

Эми убадаларга келсек, азыркы бийлик эң башкысы өлкөнү гражандык согуштан сактап калды. Өткөн жыл бою Кыргызстанда кырдаал чайпалып атты, бийликтегилер улам бир чатакты басуу менен алек болуп, саясаттан колу бошогон жок.

Эми президент жана өкмөт экономикага киришет деп ишенем. Татаал кырдаалда да иштебей калган айрым заводдор кайрадан иштей баштады, жумуш орундары ачылды, ипотекалык курулуш жандана баштады, айыл чарба, маданият, билим берүүгө көңүл бурулууда. Кыргызстанда демократия өнүгүүнүн үстүндө десек болот.

Караңызчы, биздин өлкөдө 7000ден ашуун бейөкмөт уюмдар бар, 900дөй маалымат каражаттары катталган – алардын 631и гезит, 191и журнал, 35 радио жана 39 телеканал, миңден ашуун интернет-сайттар иштеп жатат. Оппозициячыл пресса мурункудай куугунтукталган жок.


- Рина Негматовна, президент Бакиевдин айрым кечээки саясий шериктери эң башкысы азыркы бийлик, анын башындагы президент өзү конституциялык реформаны кечеңдетип жатканына нааразы. Былтыркы элдик көтөрүлүштөр маалында ушул бүгүн бийликте тургандар элди адилет башкарган, мамлекеттин камын ойлогон система түзөбүз, коррупцияга каршы күрөшөбүз деген ураандарды көтөрүп чыгышпады беле.

- Конституциялык реформага келсек – мен өлкөнүн башмыйзамын арыдан бери 2-3 ай ичинде кайра жаза салып, 2-3 жылдан кийин аны кайра оңдоп киргенге каршымын. Мындай иште шашкалактык кылсаң, аягында шылдың болооруң анык.

Европа өлкөлөрүндө конституция долбоорун талкуулоо жылдарга созулат, ал эми ал долбоорду жазганга кеткен убакытты айтпай эле коёлу. Бүгүн Кыргызстандагы конституция долбоорунун саны канчага жеткенин эсептеш кыйын. Ушунча авторлордун баарын орток пикирге келтирүү оңбогондой татаал ишке айланды, ошондуктан конституцияны тез арада оңдоп жазгандан эч ким пайда таппайт.

Бизде баарынан башкысы – бейөкмөт уюмдар, жарандык коом күчтүү. Ошолордун жардамы менен жакында тынч митинг, жыйналыш, пикеттерди өткөрүүгө киргизилген мурдагы чектөөлөр алынып салынды.

Кайсы бир ашынган чиновниктер өз бийлигин демократияга каршы пайдалана койгусу келсе, “Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы” баш болгон коомдук уюмдар заматта аларды ордуна коюп коюшат. Жакында Башкы прокурор ошондой бейөкмөт уюмдардын лидерлери жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен “Мыйзамдуулук үчүн өнөктөштүк” деген документке кол коюшту. Бейөкмөт уюмдар менен азыр баары эсептешет.

- Ошентсе да, азыр көпчүлүк эл аралык уюмдар Кыргызстандагы кырдаалга туруктуу эмес деген баа берип жатышат. Жакында АКШнын Мамлекеттик департаменти жарыялаган докладда Кыргызстандын күч органдары, милиция элге каршы мурунку эле ыкмаларды, күч колдонуп, уруп-сабоо фактылары кездешет деп сындады. Сиз, Австрия, ЕККУдагы (OSCE) элчи катары Кыргызстандагы жагдайга карата оң пикирди көбүрөөк учуратасызбы, же терс пикирлер үстөмдүк кылабы?

- Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму элдик ыңкылаптан (революциядан) кийин Кыргызстанга абдан жылуу көз карашта экенин байкадым. Өзүбүзчө сүйлөшүп отурганда, Чыгыш Европалык бир өлкөнүн элчиси мага: “Силердин өлкөгө мамиле өзгөчө, чаң жугузушпайт” деп суктанганы бар.

Албетте, айрым окуялар боюнча сын пикирлер айтылбай койбойт. Мисалы, Адилет министрлиги бейөкмөт уюмдардын каржылоо булагын текшермекчи болуп атыптыр деген маалыматтан улам Евробиримдик, ЕККУ да тынчсыздануу билдиришкен. Биз бул маалыматты текшерип чыгып, адилет министрлигинде андай маселе көтөрүлбөгөнүн аныктап, тийиштүү тараптарга кабарладык.

- ЕККУ жана башка эл аралык уюмдар Кыргызстандын бийликтерин өзбек качкындарын мекенине кайтарбоого үндөп келатат. Ушу тапта Кыргызстанда жашап жаткан 4 качкындын тагдырын чечүүдө кандайдыр жылыштар барбы?

- Европалык тараптар бул маселени улам көтөрүп, өзбек качкындарын мекенине кайтарбоого дагыле үндөп келатышат. Алар буга чейин 400дөн ашуун качкындын 3-өлкөгө өткөрүлүп берилгенин кызуу кубатташкан. Эми калган 4 качкындын тагдырын Жогорку сот караштырып жатпайбы, ошондуктан алардын тагдырын сот чечет деп ЕККУга мүчө өлкөлөргө билдирип келатабыз.


- Биздин маалыматтар боюнча, Чехияга ар кандай жолдор менен келген Кыргызстандык мыйзамдуу жана мыйзамсыз мигранттардын саны жылдан жылга көбөйүүнүн үстүндө.Айрымдары биздин редакцияга келип, Бишкекте бирөөлөргө алданып, акчасын кармата берип, Чехияга келгенде көчөдө калганын айтып беришет. Мыйзамсыз мигранттар оор шарттарда эч кандай келишимсиз иштеп, акча табууга жанталашат. Бул багытта кандай иштер жүрүп жатат?

- Чехияда мыйзамдуу жашап-иштеп жаткан кыргызстандыктар менен биз байланышып, аларга документ, паспорт жагынан жардам берип турабыз. Акыркы жарым жыл ичинде биздин элчиликтин кызматкерлери Прагага 2 жолу барып келишти, анткени ал жердеги кыргызстандыктар үчүн Венага келиш кымбат, же визасы жок.

Чехиянын укук коргоо органдары мыйзам бузган кыргызстандыктар боюнча кайрылса, аларга жардам берип, мекендештерди кайра үйүнө кайтарууга жардам беребиз. Азырынча бирөөлөргө алданып калып, көчөдө калган кыргызстандыктар өзүөрү бизге телефон чалып кайрыла элек. Бул багытта иш жүргүзө башташ керек ко дейм.

Көчөдө калып, кайра Кыргызстанга кете албай жүргөндөр болсо, биз Эл аралык миграция уюмунун Прагадагы бөлүмү, Чехиянын тийиштүү органдары менен бирге аларга жардам көрсөтүүгө даярбыз. Бирок Чехияда жашырынып жүргөн мигранттарды өзүбүз кантип табабыз? Мыйзамсыз мигранттар жөнүндө маалымат болуп калса, бизге, Венадагы элчиликке, 00431-535-0378 телефонуна кабарлап коюшуңуздарды өтүнөт элек. Венадагы телефон – 00431-535-0378.

(Маектин орусча түп нускасын караңыз:
http://www.azattyk.org/news/domestic/ru/2006/03/20060319.asp )


- Маегиңиз үчүн чоң рахмат! Ишиңизге ийгилик каалайбыз.

ЫҢКЫЛАПТЫН БИР ЖЫЛДЫК УРМАТЫНА КАРАТА ҮЧ МИҢГЕ ЖАКЫН АДАМ ТҮРМӨДӨН ЧЫГЫШЫ МҮМКҮН

Аманбек Жапаров,Бишкек Адилет министрлиги биринчи жолу эркинен ажыратылгандарга жана жаза мөөнөтү бүтүп бараткан абактагыларга 24-март ыңкылап күнүнө карата мунапыс берүү тууралуу мыйзам долбоорун президентке жөнөттү. Бул тууралуу адилет министри Марат Кайыпов шаршембиде өткөн күч органдарынын координациялык кеңешинин жыйынында билдирди. Жыйында ошондой эле көчөдөгү кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселеси талкууланды.

Укук коргоо органдарынын жетекчилеринен турган Координациялык кеңештин шаршембидеги отурумунда көчөдөгү кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү, Жазаларды аткаруу башкармалыгындагы абал, өлкөдөгү кылмыштуулукка байланыштуу маселелер талкууланды. Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субановдун маалыматына караганда көчөдөгү кылмыштуулук Бишкек, Ош шаарларында кескин өскөн.

Тартип коргоо кызматкерлери тарбынан көрүлгөн иш чараларга карабай коомдук жайлардагы жана көчөдөгү кылмыштуулук оор бойдон калууда. Өткөн жылы өлкө боюнча коомдук жайларда 3740 кылмыш иши катталган. Алардын ичинен 2570 кылмыш эс алуу бактарында, көчөлөрдө жасалган. Кылмыш кылгандардын көпчүлүгү уурулук, көчөдө тоноочулук менен кармалышкан. Учурда көчөдөн тоноп кетүү, чөнтөк телефонду, сумка, баштыкчаларды жулуп кетүү фактылары кыйла өстү.

Генерал-майор Темиркан Субанов белгилгендей, көчөдөгү кылмыш кылгандардын дээрлик көпчүлүгү өспүрүмдөр, 18 жаштан 30 жашка чейинки жигиттер. Алардын басымдуу бөлүгү алыскы аймактардан борборго жумуш издер келишкен. Өлкөдөгү экономикалык-социалдык оор абалдын кесепетинен көчөдөгү кылмыштуулуктун саны да өсүүдө. Ага каршы күрөшүүгө жергиликтүү бийлик органдары, коомчулук да көмөктөшүүсү зарыл, дейт Субанов.

Күч органдарынын Координациялык кеңеши милиция кызматкерлеринин санын көбөйтүүнү, аларды техникалык жактан камсыздоону өкмөткө сунуштай турган болушту. Ал эми Бишкек шаар башчысы Арстанбек Ногоев болсо курамында 650 адамдан турган муниципалдык полиция жакында түзүлөөрүн, тартип коргоо органдарына мэрия тарбынан материалдык-техникалык жардам көрсөтүлөөрүн билдирди.

Улуттук коопсуздук кызматынын Конституциялык түзүлүштү коргоо башкармалыгынын башчысы Ойталбек Осмонов кылмыш дүйнөсү бийликке кыр көрсөтүп, чектен чыгып баратканын, мыйзамсыз жер басып алуучулардын максаттарын, Хизбут-Тахрир диний уюмунун аракеттерин баса белгиледи:

-Кыргызстандагы коомдук коопсуздукка терс таасирин тийгизип аткан төмөнкүдөй кыймылдаткыч күчтөр уланууда. Маселен, жер участокторун мыйзамсыз басып алуу, Каракече көмүр кениндеги, Жерүй алтын кениндеги кырдаал, майда улуттар арасындагы араздашуулар, баш калаадагы ири соода борборлорундагы социалдык-экономикалык жана башка курч көйгөйлөр, Хизбут-Тахрир экстремисттик диний уюмунун активдешүүсү, миграция маселеси оор бойдон калууда,-Ойталбек Осмонов.

Жыйында жазаларды аткаруу башкармалыгындагы абал талкууланып, анда чечилбей жаткан көйгөйлүү маселелер тууралуу Адилет министри Марат Кайыпов кенен маалымат берди.

- 24-марттагы ыңкылап күнүнө карата абактагы биринчи жолу жазага тартылгандарга жазасына карап жана жаза мөөнөтү аяктап бараткандарга мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып президентке сунушталды. Эгер мыйзам күчүнө кирсе эки миңден, үч миңге чейин адам түрмөдөн бошотулат,-деди Марат Кайыпов.

Жыйында талкууланган маселелерди тез аранын ичинде чечүүнү, кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүнү Координациялык кеңеш тиешелүү укук коргоо органдарына милдеттендирди.

КЕРЕМЕТ ҮКӨК : КЕМБРИЖДЕГИ НООРУЗ

Нооруз майрамынын аркасы менен, чет жактардагы кыргыз диаспораларынын улам таанылып келаткандыгынан кабар берген бир катар иш-чаралар ушул күндөрү Батыш өлкөлөрүндө байма- бай өтүп жатат.

ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН:
Жаз майрамы Нооруз салтта эки жумага созулат. Убакыттын өтүшү менен бул күн дүйнөгө чачылган борбор азия элдеринин башын бириктирген достуктун майрамына айланып баратат. Апта башында Нью-Йорктогу Колумбия университетинде жаз фестивалы өтүп, ага кыргыз элчилиги жана кыргыз студенттери күжүрмөн катышышты. Гамбургда ушул тушта борбор азиялык бир айлык фестивал өтүп жатат. Кечээ эле АКШнын Висконсин-Мадисон университетинде манасчы Рысбай Исаков менен чоорчу Акылбек Касаболотовдун катышуусу менен концерт болду. Ал эми эртең Улуу Британиянын Кэмбридж университетинде Нооруз концерти өткөнү жатат. Анда Казакстандан, Кыргызстандан, Синцяң Уйгур провинциясынан жана Ирандан шайырлар катышмакчы. Орто кылымдарда курулган Иисус колледжинин эски имаратында ошондой эле кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү иштеп жатат. Мен кеченин уюштуруучусу, аталган колледждин Борбор Азия форумунун жетекчиси, илимдер доктору Сидхарт Саксена менен байланыштым:

СИДХАРТ САКСЕНА: Бул кечени уюштурууга студенттер, мугалимдер жана элчиликтер катышты. Казак элчилиги Казакстандан шайырларды алып келди. Кыргыз жамааты – бул студенттер, мугалимдержана Улуу Британияда жашаган башка кыргыздар улуттук тамак-аш, маданий иштер жагынан жардамдашышты.

ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Борбор Азиялык жамааттар Улуу Британияда индиялык, пакистан, же араб жамааттарына караганда, кечээ жакында эле пайда болду. Кыргыздар, казактар, өзбектер ал жактын жашоосуна кандай көнүп жатышат?

СИДХАРТ САКСЕНА: Улуу Британиядагы Борбор азиялык жамаат мурдагы азиялык жамааттарга караганда башкача мүнөзгө ээ деп айтаар элем. Аларды чыгыш европалык жамааттарга көбүрөөк окшош. Көз караштары кеңири, мисалы индустар Британияда көбүнчө өз өлкөсүнөн келгендер менен алака түзөт. Ал эми борбор азиялыктар мурдагы советтик жумурияттардын атуулдары менен алакада. Алар ошондой эле билим берүү тармагына жеңил аралашып кетишет. Билим алгандар жалаң гана элитадан эмес. Бул дагы бир өзгөчөлүгү.

ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Чет өлкөлөрдөгү биздин дипломатиялык өкүлчүлүктөр экономикалык алакаларга көбүрөөк басым жасагандай көрүнөт. Бирок Батыштагы казак элчиликтери илимий конференция, фестивалдарды уюштурууга сүрөөнчү болуп, маданият жагына олуттуу көңүл буруп жаткандай сезилет.

СИДХАРТ САКСЕНА: Мен кыргыз, казак, өзбек элчиликтери баары экономикада да, маданиятта да абдан активдүү деп айтаар элем. Анын үстүнө маданий иш-чара уюштуруу жеңил, себеби экономика жаатында Боброр Азиядан азырынча Казакстан гана күчтүү чыгып жатат. Борбор азиялык мамлекеттер британдарды экономикалык иштерге катышууга ынандырышы керек. Ал эми маданият жаатында бул аймак өтө кызыктуу жана бай.

ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Анын үстүнө маданият экономикалык кызматташттыктын кыймылдаткыч күчү болуп кызмат кылат эмеспи?

СИДХАРТ САКСЕНА: Эң туура, бул кыймылдаткыч күч. Кыргызстандан кийизден жасалган кол эмгектери кирешенин чоң булагы боло алат, ошол эле кезде элдин маданиятын чагылдырып турат. Өзбек элчилиги концерттерди уюштурууга жакшы жардам беришет. Ал эми казактар музыкага, айрыкча көркөм өнөргө көңүл бурушат. Алар азиялык деп чектелбестен, евразиялык деңгээлде иш алып барышат, мисалы казак музыканттары батыштык классикалык музыканы ойношот. Алар ошондой эле чакан иш-чараларга караганда, сапаттуу ири иш-чараларды көбүрөөк өткөрүшөт.

Сидхарт Саксена Улуу Британиядагы Кэмбридж университетинин профессору . Айтмакчы, доктор Саксена апрель айында Кыргызстанда болуп, улуттук маданиятты окуу программасына киргизүү жаатында изилдөө жүргүзмөкчү.

Сүрөттү Доктор Саксена Борбор Азиядагы сапары тушунда тарткан. Окумуштуунун башка сүрөттөрү жана айрым илимий эмгектери менен мына бул даректен тааныша аласыз:http://spider.phy.cam.ac.uk/saxena/cityproject/bukhara.htm


КЫРГЫЗДЫН КӨРҮНҮКТҮҮ ЖАЗУУЧУСУ МУРЗА ГАПАРОВДУ ЭСКЕРҮҮ

Кайталангыс таланты менен кыргыз адабиятына өлбөс из калтырып кеткен жаркын жазуучу, таланттуу драматург, чебер киносценарист Мурза Гапаров бүгүн 70ке чыкмак. 66 жашында катуу оорудан улам дүйнө менен кош айтышкан жазуучуну эскерүү кечеси бүгүн Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы университетте болуп өттү. Ал кечеге Шайлообек Дүйшеев катышып кайтты.

Кечени ачып жатып, маркумдун элесин бир мүнөт орундарынан туруп эскерүүнү өтүнгөн Мамлекеттик тил институтунун дeректири Үмүт Култаева сөздү жазуучунун досу, Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповго берди.

- Мен жазуучу М.Гапаровдун чыгармачылык өмүрүнө суктанып да, сыймыктанып да карайм. Жазуучу мээнеттүү, үзүрлүү, кыялкеч өмүрдү жашады. Башка замандаш-калемдештерине караганда анын турмуштан алган бай тажырыйбасы, таржымалы бар - деп айтты кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов.

- Менин ынанган пикиримде, көркөм дөөлөттөрдү баалай билгендер, бул салыштыруумду кабыл албай койбойт деген ишеничте, атайылап ачыкка чыгарып жатамын, эгер орус адабиятында, орус маданиятында А.П.Чехов кандай роль ойногон болсо, биздин Мурза Гапаров кыргыз адабиятында, кыргыз маданиятында так ошондой өлбөс-өчпөс тагдырга ээ - дейт эскерүү сөзүндө Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун катчысы, жазуучу Мелис Абакиров.

Мурза Гапаровдун шакирттеринин бири, адабиятчы Абдыкерим Муратов мындай дейт:

- Мурза Гапаров элдик салттарды, үрп-адат, расымдарды бир-бирден топтоп, унутуп калгандарын эске түшүрүп, кайра куруу деген башталганда Нооруз тууралуу борбордук аянттагы оюн-зооктордун жана кыргыз-түрк “Манас” университетинде болуучу театралдык майрамдардын сценарийин жазып жүрдү.

Таланттуу жазуучуну мындан тышкары искусство таануучу, профессор С.Асанбеков, адабиятчы С.Алахан, акын С.Акматбекова жана башкалар эскерип, ал кыргыз адабиятынын асыл кенчине айланган: “Каракөлдүн каздары”, “Кыштакча”, “Дарыялардын шоокуму”, “Кадыр түн”, “Жаңгак токоюнун жомогу” аттуу аңгеме-повесттерин калтырып кеткендигин, ошондой эле анын ондон ашуун пьесалары Борбор Азиянын театр сахналарында күнү бүгүн да ийгиликтүү коюлуп келаткандыгына токтолушту.

Ушул жылдын аягына чейин М.Гапаровдун кичи мекени – Ноокатта жазуучунун үй музейи ачылып, чыгармалар жыйнагынын эки тому жарыкка чыкмакчы.

23-МАРТТАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР

Бул күн Ормон хандын орус императоруна жазган каты жана Дайыр Асановдун эрдиги боюнча тарыхта калды.

1852-жылдын 23-мартында Ормон хан менен анын уулу Үмөтаалынын мөөрү басылган кат орус императору Николайга жөнөтүлгөн. Катта Ормон хан Илинин сол жээги менен Каскелең суусунун батыш тарабындагы Чыгыш Алатоо жергеси казактардын дулат, абдан урууларынын кыпчактарга качканына байланыштуу бош калганы айтылат. Мындан тышкары ал жерге кыргыздардын көчүп келгенине казактар кыянатчылык көрсөткөнүнөн улам, Ормон хан Чыгыш Алатоо жергесин кыргыздарга берүүнү суранган.

1925-жылдын 23-мартында Кыргыз автономиялык областынын 1-партиялык конференциясы ишин баштаган.

1937-жылдын 23-мартында чукул чакырылган Бүткүл кыргыздардын V кеңешинин курултайында кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Конституциясы бекитилген.

1943-жылдын 23-мартындагы Харьков шаарынын кашындагы Пятницкое кыштагы үчүн салгылашта болочок генерал, ал кездеги сержант Дайыр асанов теңдешсиз эрдик көрсөткөн. Ал фашисттердин артыкчылык күчүнө жана калган жоокерлер шейит учуп жалгыз калганына карабастан, душмандык 8 танкасынын, 6 бронемашинаны жок кылып, 40 фашисттин өмүрүн кыйган. Анын эрдиги Советтер Союзунун Баардык наамы менен бааланган.

23-март жазуучулар Муса Жангазиевдин 85, Сейит Жетимишовдун 70 жылдык юбилейи.

Бул күнү таанымал тарыхчы, Кыргыз УИАнын мүчө корреспонденти Анварбек Хасанов 92-толмок.

Мындан туура бир жыл мурун Уркуя Салиева менен Максим Горький эстеликтеринин кашында “Ар намыс” партиясы менен жаштардын “Кел-кел” кыймылынын өкүлдөрү нааразычылык митинг уюштурган.

23-март Бүткүл дүйнөлүк метеорология күнү. Метеорология майрамы 1961-жылдан тарта белгиленип, ага Кыргызстандын тармактык кызматы тартылган.

Т.АЙТБАЕВ: 24-МАРТТА БАШ АЛАМАНДЫКТАРГА ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ

Аманбек Жапаров,Бишкек Кыргызстандын бийлик башында турган жетекчилери 24-мартта баш аламандык чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонуулардын негизи жок экенин билдиришүүдө. Анткени, Бишкекте жашаган калктын бир бөлүгү бул күнү былтыркыдай саясий окуялар курчуп, тополоңго айланып кетиши ыктымал деген чочулоонун кучагында турган чагы. Өткөн жылы 24-мартта экс-президент өлкөдөн качып кеткен күнү шаардагы ири дүкөндөр массалык талап-тоноого алынган.

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын мугалимдери 24-мартта ар кандай чагым салууларга азгырылбоону, эл көп топтошкон жайларга барбоону студенттерге эскертишүүдө. Ал эми айрым соодагер, ишкерлер соода-түйүндөрү кайрадан талоонго түшпөсө экен, дешип кооптонууда.

Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Таштемир Айтбаевдин айтымында, өлкөнүн коопсуздугу үчүн алдын ала даярдыктар көрүлүүдө, кандайдыр бир баш аламандыктарга жол берилбейт:

-Кудай буйурса кыргыз элинде 24-март журт үчүн чоң майрам экен. Майрамды тынч, жакшы өткөрүш үчүн бардык даярдыктар көрүлүүдө. Биз өзүбүздүн жумушубузду аткарып атабыз. Элдин маанайы жакшы. Бардыгы жакшы өтөт деген оюм бар.

Президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыковдун пикиринде, майрам күнү кандайдыр бир баш аламандыктардын чыгышына себеп жок.

-Мен ойлойм майрам тынч өтөт. Себеби дегенде кооптонууга негиз жок. Баш аламандыкка аракет кылам дегендер, же ошондой ою бар адамдар болушу мүмкүн. Бирок эл ага мүмкүнчүлүк бербейт.

Ал эми мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов болсо былтыркы кырдаал менен азыркы мезгилди салыштырып болбойт, деген көз карашта.

- Биздин байкообуз боюнча калкыбыз терс көрүнүштөргө жол бербейт. Тескерисинче элибиз туруктуулукту сактаганга өзү умтулуп, далалат кылат. Себеби былтыркы кырдаал менен азыркы кырдаалды салыштырып болбойт. Былтыр бийликтин өзүм билемдигине, маселени адилеттүү чечпей чакан бир топтордун кызыкчылыгын көздөп калгандыгына эл нааразы болгон. Быйыл андай нааразычылыктарга негиз жок.

Былтыр 24-мартта Асанбай, Көкжар кичи райондорунун беш миңден ашуун тургундарынын жөө жүрүшүн баштап аянтка алып барган Өнөр жай, соода жана туризм министри Алмаз Атамбаев майрам тынч өтөт деген ишенимде.

-Майрам сөзсүз тынч өтөт. Коомчулукту дүрбөтүп кандайдыр бир аракет кылам дегендерди ээрчиген кишилер чыкпайт, деп ойлойм. Себеби элдик майрам карапайым калк үчүн болуп атат.

“КЕҢEШ» ЧЫКТЫ, ИНВЕСТИЦИЯ КӨБӨЙДҮ, АКМАТБАЕВДИН ИШИ СОТКО ӨТТҮ

Кыргызстандык окурмандар “Аргументы и факты”, “Комсомольская правда в Кыргызстане”, “Дело№”, “Автогид” жана “Кеңеш” аттуу гезиттер менен тааныша алышат.

Кыргызстандын маалымат айдынында “Кеңеш” аттуу жаңы гезит пайда болду. Бул гезиттин башкы редактору Айдар Сарманбетов айылдык кеңештер менен Жогорку Кеңештин ортосундагы тыкыс карым-катнаштын жоктугун сынга алып, жаңы гезит эки ортодо данакер болуп, айтылган кеп-кеңешти да чагылдырып тураарын жазган. Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов менен кеңири маектешүүгө орун берди. “Маалымат таратууда эч качан бир жактуу болбош керек” – дейт төрага Марат Султанов.

22-марттагы “Аргументы и факты” гезитинин Кыргызстанга арналган тиркемесинде белгилүү адабиятчы, маркум Салижан Жигитовдун акыркы маеги орус тилинде жарык көрдү. “Капитализмдин дарбазасын кечке эле каккылап тура бербей, кыймылдаш керек” деген Салижан Жигитов. Ушул тиркеме өлкөнүн тышкы саясатын, жаңы бийликти Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Украина, Кытай, Белорусия жана АКШ, эл аралык уюмдар колдоорун белгилеп өткөн жылга салыштырганда инвестициянын көлөмү 39 пайызга өскөнүн маалымдайт.

22-марттагы “Дело№” гезити Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Тынычбек Акматбаевдин өлүмү боюнча тергөө иши аяктаганын маалымдады. “Кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлдү. Бул иш боюнча 39 кишиге айып тагылууда. Кыргызстандын тарыхындагы эң чоң жана чуулгандуу сот иши алдыда турганын “Дело№” гезити жазды.

22-марттагы “Комсомольская правда” гезити 21-марттагы Нооруз майрамында президент Курманбек Бакиев өзү режиссерлук кылды, чүкө гана ойногон жок” деп маалымдады. Ошондой эле Улуттук олимпиада комитетине президент болуп өлкөнүн күрөш федерациясынын жетекчиси, эсеп палатасынын төрагасы Мурат Саралинов шайланганын жазып, шайлоодон репортаж беришти.

ЭКОНОМИКАДАГЫ АКЫБАЛ АЛЫМСЫНАРЛЫК ЭМЕС

Жаңы жылдан бери азык-түлүктүн баасы алты пайызга жакын кымбаттады, инфляциянын деңгээлин аныктоочу керектөө бааларынын индекси үч пайызга жакын көтөрүлдү. Жаңы жылдан кийинки эки айда акча-кредит жаатындагы абал деле чеке жылытарлык эмес.

Жаңы жылдан кийинки эки айлыктын экономикалык көрсөткүчтөрү анча деле дурус эместигин Улуттук банк төрагасынын милдетин аткаруучу Максатбек Ишенбаев да ырастады. Сомдун долларга карата катышы да төмөндөөдө. Жалаң эле азык-түлүк товарларынын баасы көтөрүлбөй, энергия акысы, атап айтканда, көмүр менен газдын баасы да кыйла кымбаттады.

- Өзбекстан менен түзүлгөн келишимден кийин газдын баасы 9,8% кымбаттады. Ички дүң продукт январь-февраль айларында 12,5 миллиард сомго көбөйүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда өсүш 3,2% түздү,- деп маалымдады Максатбек Ишенбаев.

2006-жылдын эки айында акча-кредит жаатындагы көрсөткүчтөр өткөн жылга салыштырмалуу кыйла төмөн болуп чыкты. Акча базасынын 133 миллион сомго азайышы, коммерциялык банктардын жалпы резервинин төмөндөшү анын ачык мисалы. Каржы базарында сомдун долларга карата катышынын аз-аздан төмөндөп баратышы, коммерциялык банктардын депозит көлөмүнүн кыйла азайып кетиши жагдай бул жакта деле анча жакшы эместигин кабарлап турат. Сыртка товар ташып чыгарууга караганда сырттан товар ташып келүүнүн көлөмү өткөн эки айда кыйла көбөйгөн.

Өткөн жылдын ыңкылапчыл дем-шыгы менен экономиканын кургуйга түшүп кетпегенине ыраазы болуп, ички дүң продуктунун көлөмү белгиленген чекке бираз жете бербей калганына деле кайыл кыргыз өкмөтү ушу тапта тыш карыздардын кыйласын кантип кечтирүүнүн амалын ойлоп отурган кези. Максатбек Ишенбаевдин маалымдашынча, демилгени жактырган жыйырма сегиз өлкөнүн ону коюлган талаптарды аткарып, ушу тапта каржы бергендердин чечимин күтүп отурушкан кези.

- Биртоп күн илгери өкмөт башчы Кыргызстан Хипик демилгесин колдой турганын ырастаган билдирүүгө кол койгону мага белгилүү. Хипиктен кийин бизге көп тараптуу келишимдер боюнча алынган карыз акчаларды кечүү боюнча MDRIга кайрылуу сунушун билдиришет.

М.Ишенбаев непадам кош тараптуу жана көп тараптуу келишимдердин негизинде алынган карыздар кечиле турган болсо 2045-жылга чейин өлкө 1 миллиард доллар карыз жүгүнөн бошонор эле деп билдирди.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орунбасары Таалай Кыдыровдун маалымдашынча, бул программага кошулуудан мамлекет 24 жыл ичинде жарым миллиардка жакын гана доллар акча карызынан бошонот.

- Антсе да программага кирүү менен өлкө улуттук кызыкчылыгына туура келбеген айрым бир шарттарды, милдеттенмелерди алууга мажбур болот. Бул стратегиялык мааниге ээ тармактарга, энергетика, алтын казып алуу, телебайланыш жана башкаларга тиешелүү. Программага кирүүнүн дагы бир жагы саясий-экономикалык башкарууга байланышып кетет,- дейт Таалай Кыдыров.

Эларалык уюмдар Кыргызстандын оор жүк карыздарын кечүүдө жалаң эле экономикалык шарттарды койбостон, саясий өктөм талаптарды артып коерун билип туруп эле өкмөт программага кире тургандыгын жарыя кылды. Өкмөт башчы Феликс Куловдун мындан эч кандай жашырын сыр кылбай тургандыгын жарыя кылган жайы бар.

Ыңкылаптан кийинки жылдын негизги экономикалык чакырыгы карыздарды кантип кечирүү маселеси болот окшоп калды. Ал эми жаңырган жылдан башталчу экономикалык өнүгүштүн ыкчам деми азырынча көрүнбөй жатыры.

РЫСБЕК АКМАТБАЕВГЕ БАЙЛАНЫШКАН СОТТУК ТЕРИШТИРҮҮ УБАКТЫЛУУ ТОКТОДУ

Бишкек шаардык соту Рысбек Акматбаев баштаган топко байланыштуу маркум Чыныбек Алиевдин туугандарынын арызын кароону убактылуу токтотту. Мындай чечим чыгарууга Рысбек Акматбаевдин Жогорку Кеңешке депутаттыгына талапкер болуп катталышы негиз болуп берди.

Үч кишини өлтүрүп, бирөөнүн өмүрүнө кол салган деген шек түшкөн тогуз адамга карата далилдер жетишсиз деп, аларды Биринчи май райондук соту 24-январда актаган. Атып өлтүрүлгөндөрдүн бири, милициянын полковниги, маркум Чыныбек Алиевдин жакындары буга макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бирок, Рысбек Акматбаев Жогорку Кеңешке депутаттыкка ат салышып жаткандыктан, Бишкек шаардык соту арызды кароону убактылуу токтотту.

Маркум Чыныбек Алиевдин туугандарынын адвокаты Вероника Максимова шаардык сот жагдайдан чыгуунун мындан башка жолдорун караштырса деле болмок дейт:

- Менимче, аталган ишти карап жаткан апелляциялык инстанциянын бир катар укуктары бар. Бул процессте Акматбаевден башка катышуучулар да бар эмеспи. Эгер конституциялык укуктары бузулуп атса, анын ишин өзүнчө бөлүп карасын да.

Адистердин айтымында, Акматбаев Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып калган шартта анын ишин ансыз деле бөлүп кароого туура келет. Анткени, ал дароо депутаттык кол тийбестик укугуна ээ болот.

Бишкек шаардык соту акыркы бүтүмүн чыгарганга чейин бул маселе боюнча түшүндүрмө сурап Жогорку Кеңешке жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, бирок, расмий жооп алган эмес. Бул аралыкта Борбордук шайлоо комиссиясы Акматбаевдин талапкердигинде мыйзамга каршы келчү жагдайлар жок деп билдирди. Кылмыштуу топтун ана башындагы адам саналган Акматбаевге карата мындай жүр-нары мамилени айрым байкоочулар ар кандай кокустуктардан алыс болуу ишаарасы катары чечмелешүүдө.

- Көптөрү Акматбаевдин өзүнөн чочулап жатышат го деген менде ой бар. Мындай пикир сезилип, көрүнүп турат. Ал тигил же бул адамды коркутпаса деле керек. Бирок, адамдар алда-кандай болуп кетет, не бар, не жок деп чочулап атышат деген ой бар,-деди адвокат Максимова.

МАРТ ЫҢКЫЛАБЫ ЖӨНҮНДӨ КИТЕП ЖАРЫК КӨРДҮ

Азиза Турдуева 22-мартта «Кабар» маалымат агенттигинде «24-март Элдик революция» аттуу китептин бет ачары болду. Анда март ыңкылабынын себептери, анын хронологиясы, бул окуяларга байланыштуу көз караштар, президент К.Бакиевдин маектери, сүйлөгөн сөздөрү жана башка материалдар камтылган.

24-марттагы окуяларга арналган жыйнак кыргыз, орус тилдеринде түзүлүп, Бишкектеги «Учкун» басмаканасынан жарык көрдү. Китепте экс-президент Аскар Акаевдин режиминин кулаган себептери катары элдин жашоо деңгээлинин төмөндөшү, коомдогу курч маселелердин чечилбей келиши, акыры парламенттик шайлоонун адилетсиз өткөндүгү, коррупциянын жайылышы жана башкалар белгиленген.

Китепте ошондой эле Кыргызстандагы март ыңкылабынын хронологиясы, өрчүү жараяны, ыңкылаптын социалдык базасы жана негизги кыймылдаткыч күчтөрү жөнүндө даректүү маалыматтар, ыңкылап жөнүндөгү илим чөйрөсүндөгү адамдардын, саясатчылардын, коомдук, мамлекеттик ишмердердин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн ой-пикирлери да орун алган.

Жыйнакта президент Бакиевдин Кыргызстан калкынын жана дүйнөлүк коомчулуктун алдына чыгып сүйлөгөн создөрү, 2005-жылдын 24-мартынан берки бир жыл аралыгындагы өлкөдөгү коомдук-саясий турмуш, жаңы шарттардагы мамлекеттик-башкаруу системасындагы өзгөрүүлөр, дипломатиялык алакалар, социалдык-экономикалык тармактагы абал жана башка жагдайлар чагылдырылган материалдар да берилген. Басылма жергиликтүү жана чет өлкөлүк журналисттердин ыңклапка байланыштуу окуяларды чагылдырган маалыматтарын жана фотоматериалдарын да камтыды.

Китептин түзүүчүлөрүнүн бири Бакыт Орунбеков белгилегендей, 24-марттагы ыңкылаптын бир жылдыгына карата чыгарылган бул басылма окурмандардын кеңири чөйрөсүнө эсептелген.

-Китептин башкы максаты – окурманга 24-марттагы окуялар боюнча кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга жардам көрсөтүү…Анткени, ыңкылап, төңкөрүш деген ар кандай пикирлер айтылып жатпайбы. Ал эми бул жыйнакта ыңкылаптын себептери, анын келип чыгышы тууралуу кеңири материалдар берилген , -дейт Бакыт Орунбеков.

Жыйнактын дагы бир түзүүчүсү Памирбек Казыбаевдин көз карашында 24-марттагы окуя – бул элдик ыңкылап, анткени, ага эл катышты:

Эми бул революция болду. Анткени, ага жалпы калк катышты. Ал эми Бишкекте болгон талап-тоноочулук тууралуу анчалык көп айтылбашы керек. Анткени, кандай революция болбосун, анын кандайдыр бир курмандыктары болот. Ал эми бул революцияда адам курмандыктары эмес, мүлк курмандык болду. Анын ордун толтурса болот да. Анын үстүнө талап-тоноочулук бир гана Бишкекте болду .

Буга чейин Алматы шаарында Александр Князевдин авторлугунда «Кыргызстандагы 24-марттагы мамлекеттик төңкөрүш» деп аталган китеп жарык көргөн. Анын автору март окуяларын мамлекеттик төнкөрүш катары сыпаттайт. Кыргызстандагы бир катар саясатчылар менен ар кандай социалдык катмарлардын айрым өкүлдөрү да Князевдин мындай көз карашына кошулат. Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевдин пикиринде да 24-марттагы окуяны элдик ыңкылап деп атоо негизсиз:

24-марттагы окуяны революция деп айтуу туура эмес. Мен муну эч качан революция деп айта албайм. Аны төңкөрүш деп айтса болот .

ОЛИМПИАДА КОМИТЕТИНЕ ПРЕЗИДЕНТ БОЛУП МУРАТ САРАЛИНОВ ШАЙЛАНДЫ

21-мартта өткөн шайлоодо Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетине 10 талапкердин ичинен Мурат Саралинов президент болуп шайланды.

Добуш берүүнүн алдында талапкерлердин сегизи өз талапкерлигин алып коюшту. Натыйжада, улуттук олимпиада комитетинин президенттигине өлкөнүн оор атлетика федерациясынын жетекчиси, дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев менен Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти, өлкөнүн эсеп палатасынын төрагасы Мурат Саралиновдун ысымдары шайлоо бюллетенине киргизилди.

Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында 36 добуш менен күрөш федерациясынын жетекчиси Мурат Саралинов Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланды.

Мурат Саралинов 45 жашта. Бишкектеги спорт- жатак мектебинен билим алган. Эркин күрөш боюнча спорт чебери. Самарканддагы кооператив институтун аяктаган. Экономист жана юрист кесибине ээ. Өлкөнүн ички иштер министрлигинде, салык, каржы полициясында, бажы тармагында жетекчилик кызматтарда иштеген.

Былтыр апрелден баштап өлкөнүн эсеп палатасынын төрагасы болуп иштеп келди. Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу. Эки уулдун атасы.

Ошондой эле улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти болуп өлкөнүн кикбоксинг федерациясынын жетекчиси Александр Войнов бир добуштан шайланды.

Ушул уюмдун вице-президентигине өлкөнүн ат спорту федерациясынын жетекчиси Садыр Мамытов 42 добуш менен өттү.

Шайлоо калыс, атаандаштык кырдаалда өткөнүн, эми олимпиадалык кыймылда өзгөрүүлөр болооруна ишенип турганын олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев белгиледи.

УОКтун ишмердүүлүгүн ачык, так жүргүзбөгөндүктөн кризис келип чыкканын, эми шайлоо ачык айкын өтүп, татыктуулардан жетекчи шайланганын Жогорку кеңештин депутаты, өлкөнүн көк бөрү федерациясынын президенти Аскар Салымбеков белгиледи:.

- Улуттук олимпиада комитетинин мурдакы жетекчилери өз жакындарын мүчөлүккө шайлап, ишмердүүлүгүн жашырып келишкен. УОКтун президентинин орду өтө эле саясатташып, талашка түшүп кетти. Себеби бул орунга кудалангандар арбын болду. Эми спортту түшүнгөн спортчуларга жардам берүүгө аракет кылган инсан Мурат Саралинов туура шайланды.

21-мартта УОКтун Башкы жыйынында уюмдун аткаруу комитетине талапкер болгон 16 адамдан Жогорку кеңештин депутаттары, спорт федерацияларынын жетекчилери Аскар Салымбеков, Камчыбек Жолдошбаев, Арсланбек Малиев, бадминтон федерациясынын жетекчиси Михаил Зауман, өлкөнүн студенттер спорту ассоциациясынын президенти Шаршен Касенов мүчө болуп шайланды.

УОКтун башкы жыйынынын ишине Эл аралык олимпиада комитетинин улуттук уюмдар менен байланыш департаментинин директору Мишель Филау жана Азия олимпиадалык кеңешинин менежери Хайдер Фармер катышты. Алар шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүп, анын калыс өткөнүн белгилешти.

УОКко жаңы жетекчи болуп шайланган Мурат Саралинов ишти Азия олимпиадалык кеңешинин өкүлү Хайдер Фармер менен 23-мартта Кыргызстанда олимпиадалык борбор куруу үчүн келишим түзүү менен баштаарын, 29-мартта Сеулда өтө турган ЭОКтун жыйынына барып, УОКту каржылоону баштоо чечимин кабыл алуу менен улантаарын айтып берди.

БОРШАЙКОМ : АКМАТБАЕВДИ ШАЙЛООДОН ЧЕТТЕТҮҮГӨ УКУКТУК НЕГИЗ ЖОК

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттыкка ат салышып жаткан Рысбек Акматбаевди шайлоодон четтетип коюуга укуктук негиз жок экендиги жөнүндө расмий билдирүү таркатты. Мурда соттолгон фактысы жоюла элек болушу мүмкүн Акматбаевди депутаттык жарыштан алып салбай жаткандыгы үчүн Боршайкомду бейөкмөт уюмдар сынга алып жатышкан болчу.БШКны айыптаган сын-пикирлер айрым маалымат каражаттарында да жарыяланып кеткен.

БШКнын маалымат кызматы кабарлагандай, анын колунда Рысбек Акматбаевди жарыштан чыгарып салууга жол берген юридикалык негиз жок. Анын үстүнө шайлоо кодексине ылайык, соттун чечими жарыяланган учурдан тарта аткарылууга тийиш. Ушул себептерден БШК Рысбек Акматбаевди шайлоого ат салышуу укугунан ажыратууга акысы жок, деп билдирет маалымат кызматы.

Борбордук шайлоо комиссиясын сынга алып жаткан бейөкмөт уюмдар өз кезегинде Рысбек Акматбаевдин талапкерлигин алып салууга негиз толтура деп билдиришүүдө.

-Акыркы беш жылда Кыргызстанда жашабай, издөөдө жүргөн, Казакстанда жана башка жактарда жашап жүргөн адамды бизге депутат кылып шайлоого мыйзам жол бербейт. Борбордук шайлоо комиссиясы жана башка органдар Акматбаев боюнча туура чечим кабыл албай, эмнегедир милдеттерин түз аткарбастан, жоопкерчиликти мойнуна албай жатышат,- деди “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов.

Буга чейин кыргыз өкмөтү тарабынан Рысбек Акматбаевдин шайлоого талапкер катары катыша алар-албасын аныктоо тууралуу өтүнүч адилет министрлигине тапшырылган болчу. Министрлик эгер анын соттолгондугу жоюла элек болсо, шайлоого катышууга укугу жок деген жыйынтыгын чыгарып берген.

Рысбек Акматбаевдин соттолгондугу толук жоюлбагандыктан, ал ЖК депутаттыгына талапкер болуп каттала албасын ИИМ да билдирген эле. Ошол эле учурда Бишкектин Биринчи май райондук соту мунапыс боюнча мыйзамга ылайык, Рысбек Акматбаевдин соттолгондугу толук жоюлгандыгын БШКга маалымдаган. Тартип коргоо органы менен сот органынын корутундулары бири-бирине каршы келип жаткандыктан, БШК бул маселе боюнча Жогорку сотко жана парламенттин конституция, мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук комитетине кайрылган. Парламент комитети мындай түшүндүрмө берүү алардын иши эмес экендигин маалымдаган. Ошондой эле Жогорку сот да мындай түшүндүрмөлөрдү берүүгө укугу жок экендигин билдирген.

КЕРЕМЕТ ҮКӨК: НООРУЗДУ КОЛУМБИЯ УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ДА МАЙРАМДАШУУДА

Жаңыл Жусубжан, Айжан Шаботоева Исламдык өлкөлөрдө Ноорузду ал мусулманчылыкка чейин майрам болгону үчүн анчейин сүйө беришпейт, ал эми секулярдуу Түркияда бул майрамга күрд сепаратизмине байланыштуу тыюу салынып келген. Ушундан улам Кошмо Штаттарынын Колумбия университетинде түркиялык студенттердин катышуусу менен өткөрүлгөн майрам Нооруз делбестен, Түрк тилдүү элдердин Жаз фестивалы деп тергелди.

Майрамдын уюштуруучуларынын бири Талант Султанов менен байланыштык. Мен Таланттан алгач Таласта өткөн бала чагыңда Нооруз майрамын майрамдачу белеңер деп сурадым:


ТАЛАНТ СУЛТАНОВ: Советтер Союзунун убагында майрамдалчу эмес, бирок кийин эсимде бар, чоң майрамдар болот эле. Бул жакта биз бул Орто Азия үчүн чоң майрам, ал эми Америкада аны жакшы биле беришпейт, ошон үчүн чогуу белгилесек деп ойлодук.

ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Ал эми түрктөр эмне деп жатышат? Түркияда күрдүлөргө байланыштуу ага тыюу салынып келбедиби.

ТАЛАНТ СУЛТАНОВ: Биз ошол проблеманы билебиз, ошондуктан, биз нооруз майрамын "Жазгы фестивал" деп атаганбыз.

ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Талант Султанов азыр кезегинде Азамат Алтай китепканасында иштеп кеткен Колумбия университетинде Эл аралык мамилелер адистиги боюнча магстрдик курста окуп жатат. Мындагы жазгы фестивалда Кыргызстандан Теңир-Тоо тобу концерт койду. Ошондой эле даамдуу тамак-аш да болду.

ЖЕҢИЖОККО АРНАЛГАН СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АТАЛАТ

Сүйгөн жарын сыпаттоодо айтылуу акын Жеңижокко жеткен бар, жетпеген бар. Мына ушул улуу инсандын урматында тилди сөз менен эмес иш менен колдогон иш-чаранын жыйынтыгы бүгүн Бишкек гуманитардык университетинде чыгарылат. Жеңүүчү 200 доллар байге алат, бирок кеп байгеде эмес, себеби башкы жеңүүчү - кыргыз тили, демек биз баарыбыз жеңген болобуз. “Эне тил жана Жеңижок” аттуу сынак туурасында Бишкектен Айжан Шаботоева кабарлайт.

АЙЖАН: Жеңижоктун чыгармаларын даңазалоо аркылуу жаш муундарды тилге, адабиятка ,тарыхка кызыктыруу менен бирге улуттук маданиятты, рухий дөөлөттөрдү жайылтуу жана мамлекеттик тилдин конституциялык беделин бекемдөө максатында өткөрүлгөн бул сынак баардык билим берүү мекемелеринин арасында жүрдү. Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Ташбоо Жумагуловдун айтымында үч айдан бери жүрүп жаткан бул сынакка 193 иш келип түшкөн:

ТАШБОО ЖУМАГУЛОВ:Бул Республикалык сынакта 193 иш келип түштү. Мына ошонун ичинен 16 ишти тандап алыш калыстар тобу үчүн өтө кыйынчылыкка турду. Алар үч күн иштешип, жыйынтыгында 16ишти тандап алышты. Мына бүгүн саат төрттө Бишкек гуманитардык университетинин жыйындар залында өкмөт жетекчилеринин катышуусу менен салтанаттуу түрдө сынакты жыйынтыктайбыз.

АЙЖАН:Ал эми сынактын байгелери кандай болот?

ТАШБОО ЖУМАГУЛОВ:- Биринчи орунга он миң сом. Экинчи орунду ээлеген эки орунга жети миң сомдон, ал эми үчүнчү орунга татыктуу болгон үч орунга беш миң сомдон ыйгарабыз. Мындан тышкары калган он бирине кызыктыруучу сыйлык беребиз. Маселен Жеңижоктун китебин, балдар энциклопедиясын жана ардак грамоталарын тапшырабыз.

Айжан:Эмне себептен Жеңижоктун чыгармалары аркылуу улуттук тилди даңазалоону максат кылдыңыздар?

ТАШБОО ЖУМАГУЛОВ: Биз ойлонуп олтуруп, ушул Жеңижоктун чыгармалары аркылуу тилди даңазалайлы деп чечтик, себеби Жеңижоктой сөз чеберин биз жолуктура албадык. “Аккан суу” деген ырын эле алты күн айтып, анда дүйнө таанымы укмуш берилген.

КЫРГЫЗСТАН КАЛКЫ НООРУЗДА ӨЛКӨГӨ САЯСИЙ ТУРУКТУУЛУКТУ ТИЛЕДИ

Аманбек Жапаров,Бишкек Нооруз майрамынын башкы салтанаты Бишкектин Алатоо аянтында өттү. Ага президент Курманбек Бакиев баш болгон бийлик жетекчилери катышты. Салтанатка келген Бишкек шаарынын айрым тургундары, бул майрам мурдагы бийлик өткөргөн шаан-шөкөттөн айырмасы деле болгон жок деген пикирде калышты.

Алас, Алас!
Ар балээден калас,
Жаңы жылың жалгап,
Жакшылыкка жанаш!
Алас, Алас, Алас!
Оо, улуу Нооруз,
Келдиң бизге оттон суудан,
Касиеттүү теңирден.
Жакшылыкка жанашып кел.
Токчулукка тогошуп кел!-деген салттык ырым жырымдар менен башталган «Нооруз» майрамына арналган салтанат кыргыздын көркөм өнөр чеберлеринин, балдардын «Жаш Кыял», «Таберик», «Алабел» өздүк көркөм чыгармачылык топторунун, цирк жамаатынын ыр-бийи менен коштолду. Бишкек шаар башчысы Арстанбек Ногоев салтанатта майрамдык каалоосун билдирди.

Элибиздин, өлкөбүздүн өзүнө татыктуу тагдыры үчүн былтыркы жасалган эң улуу, эң ыйык бурулуш, улуу өзгөрүш элдик ыңкылап да «Нооруз» майрамынан кийин болду.

Шаар башчысы Бишкектин жетишкендиктерине токтолуп, мэрия тарабынан алдыда аткарылуучу иштерди белгиледи. Анын куттуктоосунан кийин Кыргыз Улуттук драма театрынын артисттеринин күчү менен театрлаштырылган оюн-зоок улантылды. Сахнанын каарманы баба дыйкан батасын берип, жалпы эл журтка жакшылык каалады. Президенттик администрациянын түзгөн протоколу боюнча президент Курманбек Бакиев баба дыйкандын батасынан кийин кетүүсү каралган. Бирок, мамлекет башчы өнөрпоздордун концертине кулак түрүп, аянттагы оюн-зооко көңүл буруп калганда, даярдалган программа өзгөртүлүп, салтанатты уюштуруучулардын шаштысы кетти. Андан соң президент Курманбек Бакиев өкмөт мүчөлөрүнүн коштоосунда Жогорку Кеңештин алдындагы аянтта уюштурулган айыл-чарба продуктуларынын көргөзмөсүн көрүп, Фрунзе көчөсү аркылуу жөө басып Панфилов атындагы эс алуу багында майрамдап жүргөн адамдарды жакындан куттуктады.

Ар бир майрам, шаан-шөөкөт, мамлекеттер аралык жолугушуулардагы маданий иш чаралар көркөм өнөр чеберлерисиз өтпөйт эмеспи. Бүгүнкү «Нооруздун» ажарын ачкан артистердин айтымында, майрамдык салтанатты өткөрүүгө өкмөт тарабынан үч жүз миң сом акча каражаты бөлүнгөнү менен ал каражат берилген эмес. Өнөрпоздор калем акысын бир-эки күндүн аралыгында алышпаса, 24-марттагы майрамдык зоокко катышпастыгын билдиришти.

Майрамдык салтанттын каражат тартыштыгынын себебин билүү максатында вице-премьер-министр Адахан Мадумаровго суроо узаттык.

-Ноорузду майрамдоо боюнча жоопкерчилик менде эмес. Бул бир тарабы. Ал эми акча маселеси кайсыдыр бир чиновниктердин шалаакалыгынын кесепетинен каражат аз бөлүнүп, же болбосо акчасын ала элек болушса, майрам бүткөндөн кийин жанагы атка минерлер менен өзүнчө сүйлөшөбүз,-деди Адахан Мадумаров

Алатоо аянтында өткөн майрамдык салтанат тууралуу Бишкектиктердин көз караштары ар түрдүүчө болду. Айрымдары борбордук аянтты катуу кайтарууга алган ички иштер министрлигинин кызматкерлерине нааразы болушса, кээ бирөөлөрү өлкөдөгү тынччылыкка, аба ырайынын ачыктыгына ыраазы болушту. Шаар тургуну Камчыбек Смаиловдун пикиринде жаңы бийлик жер маселесине, айыл чарбасына чечкиндүү чара көрүүсү зарыл. Ал эми “Нооруз” майрамы мурдагыдай эле бир ууч бийлик жетекчилери үчүн эле өткөрүлгөндөй таасир калтырат, дейт Камчыбек Смаилов.

Эртең менен эле келгем. Милициялар аянтты тегерете тосуп алышып, киргизбей турушту. Майрамдык маанайды ошолор чөгөрүштү. Эптеп аянтка келсек жөөлөшкөн кишилерден сахнада эмне болуп атканы билинбейт. Мен ойлойм бул майрам мурдагы майрамдардан эч бир айырмасы жок. Жаңы бир нерселер болобу деп, балдарым менен үмүт кылып келгем.Үмүтүм акталган жок.

Аянттагы майрамдык салтанатка келген элдин көпчүлүгү ар кайсы аймактардан борбор калаага мейманга келишкен. Алардын бири Жалалабад облусунун Аксы районунан келген Баян аттуу келин:

-Менимче майрам жакшы эле өтүп атат. Элдин көңүлдөрү ачык. Аба ырайы жылуу. Мындан артык кандай болмок эле. Негизинен президент Курманбек Бакиевге элдин ишеними зор. Ал турмуш шартты жакшыртат деген үмүттөбүз. Анан майрам мындан да жакшы болот да.

Ал эми Бишкек шаар тургуну Тилек Исмаилов болсо майрамдын куунак болушун экономикалык маселелер менен байланыштырды.

Качан элдин турмушу оңолгондо, майрамдык салтанат ошончолук жакшы болот. Азыркы заманда турмуш-шартынан кыйналган адамдар көбүрөөк. Ошондуктан майрамга бардык эле элдин маанайы бирдей деп айтууга болбойт. Негизинен тынчтык, бейкуттук болсо экен. Жаңы жылда жаңы бийликтен жаңы жетишкендиктерди күтөбүз.

НООРУЗ МАЙРАМЫ УЛУТТУК АТ ОЮНДАРЫНАН КУР КАЛДЫ

Кабыл Макеш,Бишкек Ар жыл сайын Нооруз майрамында Бишкектеги «Аккула» ат майданында спорттун улуттук түрлɵрү жана ат оюндары боюнча мелдештер ɵткɵрүү салтка айланган. Бирок былтыр марттагы толкундоолордон улам ат майданында майрам болбой калган. Быйыл болсо улуттук ат оюндары боюнча мелдештер Нооруз майрамынан 24-март-революция майрамына көчүрүлдү.

Эгемен алгандан баштап Кыргызстанда Нооруз жалпы журттун майрамына айланды. Нооруздун майрамдык шаңын арттырган элдик оюндар боюнча мелдештер былтыр болбой калган. Былтыр “Аккула” ат майданына барган 3 миңдей күйөрман нааразы болушуп, дарбазасын талкалап кое жаздаган. Быйыл да Бишкектеги «Акула» ат майданда салтка айланган улуттук оюндар өткөрүлбөй турганын өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин жооптуу кызматкери Темир Дүйшекеев мындайча түшүндүрдү.
- Андай ат оюндары ат майданда быйыл да Ноорузда өтпөйт, ал оюндардын баарын 25-24-мартка былтыркы 24-марттагы ыңкылапка байланыштырып жылдырып койду.

Спорттун олимпиадалык түрлɵрү боюнча ар жыл сайын жылдын 10 мыкты спортчулары аныкталып жʏрɵт. Ал эми улуттук оюндар унутулуп калууда. Ошондуктан Нооруз майрамында жылдын мыкты саяпкерин,жылдын мыкты балбанын, мыкты ордочуну, тогуз коргоолчуну, мʏңʏшкɵрдʏ, чабандесин жана мыкты кɵкбɵрʏчʏнʏ аныктап, аларга ушул кʏнʏ урмат- сый кɵрсɵтʏлсɵ, элдик оюндарга кызыгуу кʏч алат эле.

Бирок, антмек түгүл “Аккула” ат майданында улуттук оюндар да Нооруз күнү болбой турганына өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Мурат Азарматов кейип турду:

- Жыл сайын Нооруз майрамында элдик улуттук оюндар дайыма болчу эле. Бул жылы эмнегедир болбой атат. Бул улуттук оюндарга болгон кайдыгер мамиле. Бирок бүгүн ар бир айылда, райондордо чоң улуттук оюндар болот.

Нооруз майрамында ар жыл сайын баскетбол боюнча эл аралык мелдешке Америка кошмо штаттарынын студенттер командасы келип турса, былтыртан бери келбей калышты. Быйылкы “Нооруз” баскетбол таймашына Казакстандан эки, Өзбекстандан бир команда келип, 21-мартта түштө таймашуулар башталат. Мындан сырткары Бишкекте өтө турган мелдештер тууралуу шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Бообек Кадыркулов айтып берди:

- Нооруз майрамына шаардын эң мыкты спортсмендери өнөрүн көргөзөт. Жалпы жонунан төрт жүздөн ашык киши катышат. Гимнастиканын түрлөрү – көркөм гимнастика, спорттук гимнастика, акробаттар чыгат. Ошондой эле бүт чыгыш оюндарынын устаттары, кыргыз эл оюндары – ордо, тогуз коргол, кол күрөш жана бир топ элдик оюндар болмокчу. Алатоо аянтында жана Жогорку Кеңештин жанындагы эски аянтта өнөрлөрүн көргөзүп, парктарда, жаңы конуштарда, ири-ири спорттук жайларда оюн-зооктор, мелдештер болот Ноорузга арналган.

Мындан сырткары бүгүнкү Нооруз майрамында белгилүү футболчулар Марс Чокморов менен Риват Бибиевдин жаркын элесине арналган балдар турнирлери да болмокчу. Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардын балдары арасында өткөрүлүп жаткан Спартакиаданын финалы да Нооруз күнгө белгиленген.

КЫТАЙ МЕНЕН БАЙЛАНЫШТЫРУУЧУ ТЕМИР ЖОЛ МАСЕЛЕСИ ӨКМӨТТӨ ТАЛКУУЛАНДЫ

Аманбек Жапаров,Бишкек Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселеси бир топ мезгилден бери козголуп келет. Бирок бул маселеге өкмөт тарабынан чечкиндүү кадам жасалбай келген. Өкмөт жыйынында премьер-министр Феликс Кулов эл аралык темир жол курулушуна байланыштуу техникалык долбоордун негиздөөсүн тез аранын аралыгында иштеп чыгууну тиешелүү министрликтерге тапшырды.

Эл аралык темир жолду куруу боюнча долбоор биргелешкен эксперттик топ тарабынан ушул жылдын февраль айында Бишкекте талкууланган. Анда Кытай өкмөтүнүн өкүлдөрү менен Кыргызстандын түндүк аймагындагы Балыкчы-Торугарт-Кытай багытындагы темир жолдун курулушуна байланыштуу маселе каралган. Премьер-министр Феликс Кулов эл аралык темир жол курулушунун долбоорун тез аранын ичинде иштеп чыгууну тиешелүү министрликтерге тапшырды.

Эгерде биз Кытайлык өнөктөштөр менен темир жолду куруу мөөнөтүн соодалашып отурсак, кытайлыктар бир жылдан кийин Каргоздо темир жол курулушун баштайт. Азыр казактар менен кытайлык үлгүдөгү 350 чакырым Актагай-Достык темир жолун курууга чечим кабыл алышкан. Ошондой эле Кытай-Тажикистан-Өзбекстан-Ооганстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгерде биз колубузду куушуруп отурсак, кытайлыктар темир жол куруу боюнча үч ири долбоорду баштап жиберишсе, биз куру жалак калабыз.

Өкмөт башчы эл аралык темир жолдун курулушу үчүн Кытай өкмөтү менен сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирди. Ал эми Транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулаймановдун айтымында, жыйында бул маселе боюнча өкмөттүн деңгээлинде саясий чечим кабыл алынган. Өкмөт башчы Экономика жана каржы министрлиги менен ал жетектеген министрликти техникалык долбоордун негиздөөсүн жакын арада иштеп чыгууну, инвестиция табууну милдеттендирген.

Бир жылдын ичинде биз инвесторлорду табуу, экономикалык долбоорлордун негиздөөсүнө жана долбоорлордун сметалык иштерин бүтүрүүгө акча табуунун үстүндө иштейбиз. Темир жолдун курулуш иштери болсо алты жылга чейин созулат.

Саясий жана коомдук ишмер Орозбек Дүйшеевдин баамында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушу Кытай өкмөтүнүн жардамысыз ишке ашпайт.

Азыркы курула турган темир жол Тянь-Шандын кен байлыктарын ача турган маселе. Бул абдан татаал жол. Акча каражаты көп кетет. Бирок биз муну Кытайлардын күчү менен курбасак, өзүбүз кура албайбыз. Биздин мамлекеттин кудурети жетпейт.

Орозбек Дүйшеев белгилегендей, темир жолдун курулушу Кыргызстан үчүн мааниси абдан чоң. Эгерде темир жол курулуп калса өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө болот. Ал ошондой эле темир жол куруу долбооруна бөлүнгөн каражаттар, кыргыз чиновниктери жактан ысырапталбай, Кытай өкмөтү тарабынан көзөмөлдөнүп турат деген ишенимде.

Бул акча Кытайдыкы болот. Кытайда коррупция азыраак. Ошондуктан келүүчү акча каражаты таланып кетпейт деп ойлойм.

ПАРЛАМЕНТАРИЙЛЕР КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КАНТИП КҮРӨШӨТ?

Азиза Турдуева, Бишкек 20-мартта Бишкекте «Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы» коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлгөн жыйында өлкөдөгү коррупцияга байланыштуу маселелер талкууланды. Ага катышкан Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн, сот системасынын өкүлдөрү коррупцияга каршы күрөшүүнүн жолдору боюнча ой бөлүшүштү.

Жыйындын катышуучуларынын бир бөлүгү Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү кагаз жүзүндө гана калып келатканын белгиледи. Мындай пикирин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү, айрым ишкерлер жана депутаттар айтышты. Юстиция министри Марат Кайыповдун көз карашында, учурда Кыргызстанда коррупцияга каршы эффективдүү күрөшүү үчүн сот ситемасынын жана маалымат каржаттарынын эркиндиги жетишпей жатат. Ал эми мурдагы бийлик учурунда коррупцияга каршы күрөшүүгө тоскоолдук кылып келген себептин бири катары Марат Кайыпов төмөнкү маселеге токтолду:

«Азыр Бакиев бийликке келгенден кийин, мурдагыдай, Акаев бийликтен эч качан бийликтен кетпейт дегендей ой жок. Тескерисинче, Бакиев да, Кулов да мөөнөтү келгенде, бийликтен кетишет, ошондой өз иштерибиз үчүн жооп беришибиз керек деген көз караш бар. Биз, министрлер да ошондой ойдобуз. Ал эми Акаевдин учучунда чиновниктер Акаев эч качан бийликтен кетпейт деген ишенич менен каалаганча ичип-жешкен. Бул коррупцияга каршы күрөшүүгө чоң тоскоолдук болгон», - деди юстиция министри.

Ал эми Жогоорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов учурда чындыгында эле коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшүүгө сот системасындагы өзгөрүүлөр жетишсиз деп эсептейт:

«Албетте, алдыда сот системасын көз карандысыз кылуу үчүн Конституцияга башка мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү, толктоолорду киргизүү керек. Бул багытта чоччулабай эле чечкиндүү кадамдар жасалууга тийиш. Мына ошондо коррупцияга каршы күрөшүү да натыйжа бермекчи»,- деди Курманбек Осмонов.

Жыйындын айрым катышуучулары Борбор Азия аймагында алгачкы ирет түзүлгөн "Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы" уюму тарабынан да коррупцияга каршы күрөшүүгө салым кошулат деген ишеничтерин ортого салышты. Бул уюмдун башкы максаттарына анын өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаты Тайырбек Сарпашев мындайча токтолду:

«Биздин башкы максат – коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдарды эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу. Ошондой эле арам акчаларды табуунун жолдорун иликтөө. Базар экономикасын өнүктүрүү да коррупцияга каршы күрөшүүнүн жолдорунун бири. Коррупцияга каршы күрөшүүдө чечкиндүү кадамдар керек. Ал эми азыркы бийлик болсо, мурдагы бийлик сыяктуу эле коррупциялык системага кирип кетти», - деди Тайырбек Сарпашев.

Жыйында ошондой эле Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү натыйжалуу болушу үчүн күч структураларында, тартип коргоо органдарында да реформа жүргүзүлүшүнүн, бул тармактагы нормативдик-мыйзамдык негизди чыңдоонун зарылдыгы тууралуу да айтылды. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүүдө ага байланыштуу мамлекеттик стратегиянын мааниси да белгиленди. Коррупциянын деңгээлин азайтуунун дагы бир жолу катары атуулдук коомдун активдүүлүгү аталды.

24-МАРТТЫ ӨКМӨТ УЛУТТУК МАЙРАМ КЫЛЫП УЮШТУРАТ

Кыргызстанда 24-мартты майрамдоо боюнча уюштуруу комитети бул күндү иш күн эмес деп жарыялоо тууралуу сунушун өкмөткө тапшырды. Анын негизинде өкмөт чечим кабыл алары күтүлүүдө. Ал эми парламент мүчөлөрү муну мыйзамга төп келбейт деп эсептешет.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү аталган башкы маселени жабык талкуулашты. Премьер-министр Феликс Кулов жетектеген комитеттин бул отурумуна президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков, мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов баштаган мүчөлөрү катышты.

Президент Курманбек Бакиев өзүнүн 13-марттагы жардыгы менен 24-мартты жыл сайын майрамдалуучу улуттук майрам деп жарыялаган. Жардыктын негизинде түзүлгөн уюштуруу комитети бул күндү мыйзамдаштыруу сунушун парламентке буга чейин эле билдирген. Бирок, парламент бул жөнүндө жазылган мыйзамдолбоорун кабыл ала элек.

Мындай мыйзам долбоорун депутаттар Азимбек Бекназаров менен Дооронбек Садырбаев иштеп чыгышкан. Депутаттардын басымдуу бөлүгү мындай демилгеге кош көңүл мамиледе болуп, натыйжада авторлордун март ичинде жасаган эки жолку аракетинен майнап чыкпай калды. Ага жараша депутаттардын бир тобу эгер, 24-март иш күн эмес деп жарыяланса, «Эмгек кодексине» өзгөртүү кирбеген соң, бул күндү иш күн эмес деп жарыялоо мыйзамга туура келбейт деп эсептешүүдө.

Анткен менен быйыл өкмөт бул күндү элдин эркин билдирген улуттук майрам катары шаан-шөкөт менен майрамдоо камын көрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Асанбек Сарыбаев билдирди:

- Буга байланыштууу коргоо министрлиги аскерий парад даярдап атат. Анын соңунан Алатоо аянтында жалпы элдик оюн зоок уюшутурулат. Мындай иш чаралар жер-жерлерде да болот.

Алатоо аянтында өтө турган иш чарага президент Курманбек Бакиев катышып сөз сүйлөөрү болжолдонуп жатат. Ошондуктан, жардык чыккан 13-марттан бери ички иштер министрлиги күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Министрликтин маалымат кызматынын башчысы Нурдин Жангараевдин айтымында, темир жол, автобекет өндүү бардык стратегиялык аймактарда, соода тармактарында күзөттө атайын даярдыктан өткөн куралдуу милиция кызматкерлери турушат. Анткен менен соода жайларын былтыркыдай талап-тоноо болот экен деген имиштер эл ичинде айтыла калууда. Нурдин Жангараев мындай маалыматтан милиция кызматынын кабары жогун билдирди:

- Коомдук тартипти бузууга умтулган иш-аракеттер тууралуу маалымат түшкөн жок. Бирок, милиция кызматкерлери окуянын ар кандай өрүш алышына даяр болуш үчүн колдон келген аракеттерин көрүп жатышат. Коомдук тартипти бузууга эч кандай жол берилбейт. Эгер коомдук тартипти бузууга аракет жасагандар болсо, окуя өөрчүй электе эле өздөрүнө тийиштүү жазаларын алышат, тийиштүү чара көрүлөт деп ишендире алам.

Бирок, 24-март күнү өткөн жылкы март окуясынын маалында талап-тоноолорго кабылган Бишкек шаарынын соодагерлери аза күтүү акциясын өткөрүшү ыктымал. Чакан ишкерлерди коргоо коомунун мүчөсү Бурулкан Усубакунованын айтымында, мындай аракеттерге барар-барбасы тууралуу бир ыктай чечимди алар 23-мартта чыгарышат.

- Эгерде жыйырма төртүнө чейин биздин ижарачы-соодагерлер колубузга ишенимдүү кагаз алып, жардамдын чекеси көрүнсө, мүмкүн сүйүнүп калышаар. Бирок, майрамдык маанай эч кимде жок. Майрам катары эсептелбейт го биз үчүн.

Бурулкан Усубакунованын айтымында, ишкерлерге жалданып, соода жайларда иштеп жүргөн 530 киши өткөн жылкы марттагы талап-тоноолордо 500 миллион сом чамалаш зыянга кирептер болушкан.

«ЭРКИНДИК» ПАРТИЯСЫ ПРЕЗИДЕНТТИК БАШКАРУУГА ӨТҮҮГӨ ЧАКЫРАТ

Айтылуу Топчубек Тургуналиев башында турган «Эркиндик» партиясы Кыргызстанды президенттик башкарууга өткөрүү жөнүндө чакырык менен чыкты. Мындай чечим бүгүн партиянын бешинчи курултайында кабыл алынды. Өткөн ишембиде президенттик башкарууну жактаган чечимин «Эмгек жана Биримдик» партиясы да да жар салган эле. Байкоочулар президенттик башкарууну жактаган саясий күчтөрдүн соңку учурда активдешип жатканын белгилешүүдө.

«Эркиндик» партиясы президенттик башкарууну жактай турганын мурда эле билдирип келген. Бүгүн бул курултайдын чечими менен биротоло кабыл алынды. Бийлик бутактары чабышып жаткан өткөөл учурда Президенттик башкаруу Кыргызстан үчүн бирден бир туура жол, Президент бардык жоопкерчиликти өзүнө алыш керек»,- деп билдирди бүгүн «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев.

Эркиндик партиясы бүгүн ошондой эле парламентти 100 пайыз партиялык тизме менен шайлоо, Конституциялык сотту Жогорку Сот менен бириктирүү жана дубандарды жоюп ирилештирген 17 оодан түзүү сунуштары каралган чечимдерди кабыл алды. Партия жетекчилиги өз чечимдеринин негизинде Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгып, эки ай аралыгында конституциялык кеңешмеге сунуш кылмакчы.

«Эркиндик» партиясынын чечимдерине аны менен бир саясий багытта бараткан башка партиялар да тилектештик билдирүүдө. Алардын бири Дыйкандар партиясы болуп саналат. «Жоопкерчиликтен буйтап качкан бийлик адамдарынан эл тажады» деди Азаттыкка Дыйкандар партиясынын лидери Исаков Эсенгул.

Байкоочулар соңку учурларда президенттик башкарууну жактаган саясий күчтөрдүн активдешип кеткенин белгилешүүдө. Өткөн ишембиде эле "Эмгек жана биримдик" партиясы курултай өткөзүп, Президенттик башкарууну жактай турганын жар салган болчу. Бул партиялар азыркы Президент Бакиевдин саясий курсун колдогон партиялар болуп саналат. Премьер-министри жок Америка өрнөгүндөгү Президенттик башкаруу Кыргызстандын шартына төп келет деп жыл башында Президент К. Бакиев өзү коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп чыккан болчу.

Конституциялык реформа жүргүзүү маселеси өткөн жылы марта бийлик алмашкандан кийин чыккан. Бир катар партиялар парламенттик башкарууга өтүү сунушу менен элге кайрылышкан. Мындай ураан чакырган күчтөрдүн катарында «Менин өлкөм», Демократиялык күчтөр биримдиги, Ата Мекен партиялары бар. Алар Президенттик башкаруунун бир адамдын бийлигине айланып кетүү коркунучу бар экенин эскертип келишет.

- Жаныбыздагы Өзбекстанда таптаза Президенттик башкаруу. Алар жыргап кетиштиби. Президен өз эллин атып жатат го чымындай кылып. Президенттик башкаруу постсоветтик өлкөлөрдө, албетте, тоталитардык системага алып келет,- деди «Менин өлкөм» партиясынын өкүлү, экс-депутат Зайнидин Курманов.

Ошентип, өлкөдөгү саясий партиялар Кыргызстандын конституциялык багыты боюнча негизинен эки жээкке ажырап жатышат. Кыргызстанга кандай башкаруу ыкмасы ылайык келери жөнүндө акыркы чечим ушул жылдын төртүнчү чейрегинде өткөрүлгөнү жаткан референдумда кабыл алынат.

ЭНЕРГЕТИКАНЫН ЭРТЕҢИ КАНДАЙ?

«Кыргызэнгерго» корпорациясы электрэнергиясын иштеп чыгуу, жеткирүү, бөлүштүрүү компанияларына бөлүнгөндөн бери тармак карыздан башы чыкпай, өткөн жылы техникалык, коммерциялык жоготуулар 48% чыкты. Өкмөт энергетика тармагын жеке колго берүүдөн башка арга калбаганын айтып, алакан жайып отурат.

Тармактын антип кризиске белчесинен батып калганын парламент депутаты Райымбек Мамыров SESAC программасына киргизилип, андан алынган 35 миллион долларды кандай да болсо төлөп берүү амалында тарифтерди опсуз көбөйтүп ийүүнүн болду деп эсептейт.

- Негизи бул программа 1997-жылы башталган. «Кыргызэнерго» холдинги акционердик коомго айландырылып жатышынын себебин тармакта айкындуулук жок, канча электрэнергиясы өндүрүлгөнү, анын канчасы сыртка, канчасы ички керектөөгө сатылары ачык айтылбагандыгына байланыштуу түшүндүрүштү. Ким кимди багып атканы, Бишкек жылуулук борборуна кандай чыгымдар кетип жатканы айтылчу эмес. Негизи тармакты реформалоо идеясы жакшы эле болчу.

2003-жылга чейин энергетикадагы толгон-токой маселелердин баары тарифтерди жогорулатуунун эсебинен жабуу аракети жасалып келди. Кызмат көрсөтүүнүн баасын опсуз жогорулатып ийүү жону жука калктын жапырт электр энергиясын уурдаганга үйрөттү. «Электр тармактары» акционердик коомунун президенти Сапар Балкыбековдун ырасташынча, ушу тапта электрди жалаң гана байлар, кызматы чоңдор уурдайт, деген түшүнүк жайылып кетти.

- Айылга чыгып көрүңүзчү, бир да үйдүн морунан түтүн созолонуп чыкканын көрбөйсүз. 20 градус суукта айылдыктар үйлөрүн жылытпай калышты дегенге мен ишенбейм. Бул эмне дегенди түшүндүрөт? Баарысы уурдашат. Байлар, сауналар уурдайт дегенди Коопсуздук кеңеште айтышкандан аз өтпөй, алардын баарына электрондук эсептегичтерди койдук эле электр акысын чогултуу беш эсеге көбөйдү. Мүмкүн дагы эле уурдап аткандары бардыр. Бирок да электр тогун баарысы уурдашат,- дейт Сапарбек Балкыбеков.

Суу энергиясынан алынган электрдин өздүк наркы 3 тыйынга жетпеген акчаны түзөт. Бирок да энергетиктер кыйла жылдардан бери Бишкек Жылуулук борборун колдоп, өздүк наркы оголе кымбат жылуулукту электр эсебинен жаап келатканы деле жашыруун эмес. «Электр станциялары» акционердик коомунун жетекчи орунбасары Э.Султанмуратов базар экономикасына коошпогон жашыруун дотация тармакта дагыле сакталууда деген пикирде.

- Эгер базар баасы менен төлөй турган болсо жылуулук үчүн азыркы баасынан 10 эсе арбын акча төлөмөксүңөр. Мунун баарын «Электр станциялары» көтөрүүдө. Жашыруун дотация бар, ал калктын социалдык абалын аныктап турат. Эгер иштелип чыккан жылуулук коммерциялык, өз баасында сатыла турган болсо бүгүн сөзсүз социалдык жарылуу чыкмак,-деди Э.Султанмуратов.


Мамлекеттик энергетика инспекциясынын жетекчи орунбасары Акылбек Түмөнбаевдын айтуусунда, ушу тапта мамлекеттин ээлигиндеги акционердик коомдор эч кимге баш ийбей, алардын ишин көзөмөл кылуу токтолду.

- Алар каалаганын жасашууда. Баары тең акционердик коомдор тууралуу мыйзамды бетке тутушат. Өкмөт, президент, мамлекеттик органдар чыгарган буйруктар, токтомдор аткарылбай калды. Биз азыр мамлекеттик органдарды сыйлабай калдык, мамлекеттик кызыкчылык унутулуп, коммерциялык кызыкчылыктар чыккан жерде акча деле табылып, төлөнүп жатат.

«Түндүкэлектр» акционердик коомунун жетекчиси Шамил Осмонов жаңы коюлуп жаткан электрондук эсептегичтерди тескери айлантчу пульт жасалып, ал ушу тапта 300 доллардан сатылып атканын, өзү андай жаңылыкты издеткенин маалым кылды. 14 миллиард киловат саат электр энергия өндүргөн Кыргызстан киреше берчү тармагын жөндөй албай, толгон-токой проблемаларын чече албай отуру.

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨР 24-МАРТТАН ЧОЧУЛАП ЖАТАБЫ?

Кожогелди Култегин, Бишкек. 24-март – элдик ыңкылап күнү Кыргызстанда кандайдыр бир тополоң, башаламандык чыгып кетиши мүмкүн деген пикирлерден улам айрым чет өлкөлүк жарандар кыйла кооптонууда жана кээ бир мекеме-уюмдарда алар менен баарлашып, тынчтандырууга чакырган жыйындар өткөрүлүп жатат.

Маселен, Бишкек гуманитардык университетинде иштеген жана окуган чет өлкөлүк мугалимдер жана студенттер атайын уюштурулган жыйынга чакырылып, чочулоого негиз жок экени түшүндүрүлдү, дейт университеттин ректору Абдылда Мусаев:

-Массалык маалымдоо каражаттарында чет өлкөлүк мугалимдер менен студенттер да 24-мартка карата убактылуу өз мекендерине кеткени жатышат деген кеп-сөздөр күчөгөнүнөн улам чогулттук аларды. Тилекке жараша эч кимиси андай ойдо эмес экен. Чыгып сүйлөгөндөр, бирок, өлкөнү өнүктүрүү үчүн сөзсүз стабилдүүлүк керек экендигин баса белгилешти, өз өлкөлөрүнүн тарых-таржымалын мисалга келтирүү менен, чыдамкайлыкка да чакырып өтүштү.

Ыңкылапты кайталоо жөнүндө ураан чакырыктарды жактырбай кабыл алып жатышкандыктарын чет элдиктер өздөрү дагы билдирүүдө. Сөз ушул Бишкек гуманитардык университетинин араб тили мугалими, Алжир мамлекетинин атуулу Хатор Брак мырзада.

-Ар жылы эле ыңкылап боло берсе – ал сөзсүз хаоско, башаламандыкка алып келет. Бул жылы да Кыргызстанда ыңкылап жасоого аракет кылышса, ал эмдиги жылы дагы, аркы жылдары дагы кайталанат. Ошентип өлкөнү кыйратып тынышат.Бирок, эмнегедир башаламандык болот деп чочулаган, толкунданган жерим жок менин.Албетте, биринчи кезекте тынчтык керек.

Пакистан атуулу, ахмадия диний жамаатынын Кыргызстандагы өкүлү Ахмад Захур 24-мартка карата чочулоону жакында кыргыз парламентинде болгон чалкеш кырдаал учурунда депутаттар айрыкча күчөтүп жиберишти деген ойдо.

"Кыргызстандын элдик ыңкылап күнүндө үйбүлөңүз менен кайда болосуз?” – деген суроого Ахмад Захур: “Үйдө эле болобуз...” –
деп жооп берди. Ал эми Өзбекстандын оппозициялык “Эрк” партиясынын Бухара облустук аткаруу комитетинин төрагасы, Өзбекстан Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, убактылуу Бишкекте жашап жаткан Насурулло Саидов кыргыз ыңкылабын өтө жогору баалайт:

-Бир жыл мурда – 24-мартта болгон окуяны көпчүлүк ыңкылап эмес, мамлекеттик төңкөрүш катары баалап жатышат. Мен аларга кошулбаймын. Бул – чыныгы ыңкылап! 1917-жылда болгон Улуу Октябрь Революциясына болгону 20-30 эле киши катышканы жөнүндө фактылар бар. Ал эми жалпы эл катышкан ыңкылабы менен биз кыргыз элин куттуктайбыз! Бул ыңкылап Орто Азия мамлекеттеринин алдына өзгөчө чоң милдеттерди койду. Бул аймакта дагы авторитардык-диктатордук түзүлүштөрдү жоюу мүмкүндүгү бар экендигин дүйнөгө жар салды.

Насурулло Саидов майрам күнү башаламандык чыкпастыгын кыргыздын нарк-насили менен байланыштырды:

-Жо-жок, кыргыз калкы ушунчалык акылдуу калк, эч кандай жаңжал болушуна мен ишенбеймин!

ПАНОРАМА: БИЙЛИК БУТАКТАРЫ АРАСЫНДАГЫ АРАЗДАШУУЛАР - 3

Нарын АЙЫП, Прага Панорама" программасынын бул чыгарылышы - Кыргызстандагы бийлик бутактарынын ортосундагы араздашуулар жана анын айланасындагы маселелерге арналат. Үчүнчү бөлүк, программанын биринчи бөлүгү обого 5-мартта, экинчи бөлүгү 12-мартта чыккан. Уктуруунун автору Нарын Айып.

"24-марттын дагы бир сабагы - эртең келе турган бийликке болгон чоң эскертүү - эгерде эл үчүн иштебей турган болсоңор, баары бир элдин чыдамы бир убакта бүтөт дагы, силерди дагы төңкөрүп коет деген сөз."

Обого бешинчи жана 12-март күндөрү чыккан программанын биринчи эки бөлүгүндө Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында бийлик бутактары ортосунда орун алган араздашуулар тууралуу сөз болгон, парламенттин бир кездеги спикери Медеткан Шеримкулов менен саясат таануучу, мурдагы депутат Зайнидин Курманов - андай араздашууларга азыркы конституция өзү негиз түзүп жатканы тууралуу айтып берген.

Курмановдун пикиринде, эгер Кыргызстандын саясий түзүлүшү парламенттик системага өзгөртүлсө, анда президентти дагы, премьер-министрди дагы - шайлоодо жеңип чыккан партия тандай тургандыктан, алардын ортосунда араздашуулар да болмок эмес:

- Парламенттик мамлекет болсо, парламент президентти да, премьерди да шайлайт, бирок аткаруу бийлигинин башында премьер турса, президент мамлекет башына келет. Мамлекет башчы болсо бийликтин үч бутагы ортосундагы арбитр болот, анын өтө деле күчү болбойт, бирок парламент менен аткаруу бийлиги ортосунда конфликт пайда болсо, ошондо президент чоң оюнчу болуп чыга келип, же парламентти, же аткаруу бийлигин таркатат. Бирок конфликт аяктагандан кийин, мурдагыдай эле кайрадан улут башына келет.

"Мерчемдүү, тагдыр чече турган маселелерге келгенде, депутаттардын эл үчүн, журт үчүн деген туруму баары бир биринчи орунга чыгып кетет".
Медеткан Шеримкулов


Ал эми Кыргызстанда үчкө бөлүнгөн бийлик бутактарынын үстүндө төртүнчү бийлик болуп президент отургандыктан, анын администрациясы өзүнчө бешинчи бийлик да болуп алды, жаңы системага өткөндө болсо, парламенттеги көпчүлүккө жетишкен партия өкмөт башчысын канча кааласа, ошончо жолу шайлай бермек жана жакшы иштеген премьер кызматында көпкө отурмак:

- Эмне үчүн президенттик администрациянын ушунча көп укугу бар? Анткени перзиденттин укугу көп. Бирок президент азыркы система боюнча коомдук көзөмөлдөн чыгып калган. Парламент алдында президент отчет бербейт. Президент бир жылда бир жолу гана парламенттин сессиясына катышып, элге кайрылуу менен чыгат, ал кайрылууну парламент талкуулай да албайт.

Президенттин колундагы бийлик чоң, акимдер, губернаторлор жана айыл өкмөттөрү анын колунда болгондуктан, шайлоо учурунда алар ага кандай жыйынтык керек болсо, ошону чыгарып берет. Токсон пайыз керек болсо, 90 пайыз жасап берет. Президентке берилген добуштар шайлоо учурунда 70 пайыздан төмөн түштү беле? Түшкөн эмес, эң акыркы жылдарда болсо, Акаевдин акыркы мөөнөтүндө, президентти көрө турган көз жок болчу. Бирок ал дайым 75-76 пайыз добуш алып жүрбөдүбү. Төңкөрүш болбогондо, шайлоого кайра чыгып, 80-90 пайыз алмак. Анткени эл шайлабай калбадыбы - президентти чиновниктер шайлап калган.

Парламенттик системада болсо аткаруу бийлиги үчүн премьер жооп берет. Жыл сайын парламенттин алдынан өтүп, отчет берип, жарактуубу же жарактуу эмеспи - баа алып кетүүгө тийиш. Премьер жакшы иштесе, парламент аны беш эмес - 20, 30, 40 жылга калтырат. Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамад 34 жыл өкмөттү жетектеп иштеди, анткени парламент 34 жыл бою анын ишин жактырган, иштей берсин деп. Ал болсо өлүп бараткан Малайзияны Индокитайдын жолборсуна айландырбадыбы.

Парламент алдында президент азыр отчет бербейт. Президент бир жылда бир жолу гана парламенттин сессиясына катышып, элге кайрылуу менен чыгат, ал кайрылууну парламент талкуулай да албайт,-
дейт Зайнидин Курманов

-Ошондуктан азыркы система өзгөртүлмөйүнчө, парламентти жетектөөгө канча жаңы адам келсе дагы, аткаруу бийлиги менен парламент ортосундагы араздашуулар улана берет,- дейт Курманов Марат Султановдун спикер болуп шайланганы жөнүндө:

- Аракеттерин жасап көрөт, көрөбүз, кандай жасайт, бирок баары эле спикердин колунда эмес да. Спикер деген жөн гана тең укуктуу депутаттардын биринчиси. Ал жөн гана жыйындарды өткөрөт. Калган маселелердин баарын депутаттар чечет. Депутаттар эки мүнөттүн ичинде таманын тазалап, бетин жалтыратып коет спикердин, ал депутаттарды укпаса.

Медеткан Шеримкуловдун айтымында болсо, спикердин мааниси зор эле:

- Спикер деген, чындыгын айтканда, дирижеру да депутаттардын. Эгер дирижер жакшы болсо, симфониялык оркестр да жакшы ойнойт да. Ошондуктан спикердин парламенттеги маанисин төмөндөтүп, анын колунан эч нерсе келбейт, ал депутаттардын добуш бергенин карап эле, маселелерди добушка коюп, макул десе макул болуп, жок десе жок деп, ошону констатировать этип отура турган эле бир фигура деп ойлогон туура эмес. Спикер эгер күчтүү фигура боло турган болсо, ошол парламенттин алдына коюлган максатты ишке ашырып, элдин кызыкчылыгы үчүн иштей турган чечимдерди алдырууда спикердин мааниси өтө жогору болот. Өтө жогору,-дейт Медеткан Шеримкулов.

Парламенттин жаңы спикери болуп шайланаары менен Марат Султанов - аткаруу бийлиги менен парламент тирешүүгө барбайт деп жарыялады. Зайнидин Курмановдун айтымында, жаңы спикер эмне десе дагы, орчундуу маселелерге келгенде, араздашуулар баары бир чыгат:

"Парламенттик системада премьер жыл сайын парламенттин алдынан өтүп, отчет берип, жарактуу же жарактуу эмеспи - баа алып кетүүгө тийиш. Премьер жакшы иштесе, парламент аны беш эмес, 20, 30, 40 жылга калтырат",-дейт Зайнидин Курманов.

- Марат жөнөкөй жигит эмес. Бүгүн ушундай маселе туулуп атат, чындап эле стабилдүүлүк керек, аны камсыз кылыш үчүн ушундай сөздөрдү айтыш керек. Бирок эртең эле энергосекторду жеке менчик колго өткөрүү маселесин койсунчу, концессияга бериш керек деп президент айтпадыбы, ошондо көрөбүз. Же дагы бир Үзөңгү-Кууш чыксынчы. Мына, Өзбекстан менен чек араны аныктап-бекитүү маселеси жакындап келатат. Ошол маселелерди койсунчу, ошондо көрөбүз, кандай конфронтация болот.

Мен айтып атпаймбы, бул жерде өзгөчө бир конфликт алдын ала салынган - бийликтин эки бутагы тең эл тарабынан шайлангандан кийин, ар бир бутактан - биз эң маанилүүбүз деген сөз туулат. Ошондуктан экөө ортосунда талаш-тартыш болот. Парламенттин ичинде президенттин партиясы көпчүлүк түзсө, ошондо гана стабилдүү система болот, парламенттин ичинде президентти колдобогон күчтөр болуп калса, анда конфликт туулат
.

Шеримкуловдун пикиринде дагы, мерчемдүү маселелер талкууланганда, парламент негизинен элдин кызыкчылыгында аракеттенет:

- Парламенттин ичиндеги Ак үйдү караган депутаттар болобу, президентти, өкмөттү колдой турган депутаттар болобу, же болбосо спикерди колдой турган депутаттар болобу, булардын бардыгы тең мерчемдүү, тагдыр чече турган маселелерге келгенде, булардын эл үчүн, журт үчүн деген туруму баары бир биринчи орунга чыгып кетет. Себеби, депутаттардын ичинде ар түркүн партиялардан келгендер бар, аткаруу бийлигин колдогондор бар, аткаруу бийлигине каршы чыккандар бар, спикерди колдогондор бар, спикерге каршы чыккандар бар, бирок мерчемдүү маселеге келгенде, биринчи орунга баары бир элдин тагдыры, мамлекеттин кызыкчылыгы чыгып кетет.

Бардыгы тең биринчи орунга элдин, журттун кызыкчылыгы деп чыгышат дагы, анын арт жагында өздөрүнүн жашыруун кызыкчылыктарын өткөрүп алууга аракет кылган убактар өтө көп болот, өзгөчө аткаруу бийлиги тарабынан,-
деди Медеткан Шеримкулов.

Анын айтымында, бийлик бутактарынын баары эле эл кызыкчылыгы үчүн иштеп жатабыз дегени менен, аткаруу бийлиги көбүрөөк өз кызыкчылыгына буруп кетет:

- Өкмөт деле, башка бийликтер деле өздөрүнүн сөзүнө келгенде эч кимиси элге каршы чыкпайт, бардыгы тең биринчи орунга эл, журт, ошонун кызыкчылыгы деп чыгышат дагы, анын арт жагында өздөрүнүн билинбеген, көрүнбөгөн, жашыруун кызыкчылыктарын өткөрүп алууга аракет кылган убактар өтө көп болот, өзгөчө аткаруу бийлиги тарабынан.

Анан эми ошонун ичине келгенде, кимиси чындап эле эл үчүн күйүп-бышып атат, кимиси өзүнүн кызыкчылыгын өткөрүүгө аракет кылып жатат, жанагы эле спекулятивдүү сөздөрдү сүйлөп жатат - аны мезгил гана көргөзө алат экен көпчүлүк убакта
.

"Элдин былтыр массалык түрдө мурдагы бийликке каршы чыгышы - ошол мезгилдеги демократияны дагы бекемдөөгө, мамлекетибиздин демократиялык жол менен өсүшүнө, конституциябыз берген укукту элдин өзү пайдаланып, элден алыстап калган бийликти кубалап чыкканы - мунун өзү чоң жеңиш".
Медеткан Шеримкулов


Аткаруу бийлиги өзүн гана кантип ойлоп калганын - Акаевдин өкмөтү мындан 10 жыл мурда көрсөткөн дейт Шеримкулов:

- 1993-1994-жылдары, легендарлуу парламенттин мезгилинде президент өзү баш болуп, өкмөт өзү баш болуп, аларга өкмөттү, президентти колдогон парламенттин ичиндеги көп депутат кошулуп, Кумтөр боюнча президенттин айтканын колдоп бергиле деген күндө дагы, парламент колдобой койгон болчу.

Легендарлуу парламенттин Кумтөр маселесин козгогону туура болгонун тарых бүгүн тастыктап жатпайбы. Ошол убакта президенттин кетирген кемчилиги, өкмөттүн кетирген кемчилиги республикага чоң зыян алып келгендигин, мына, эми өзүбүз көрүп отурбайбызбы
.

Парламенттик мамлекет болсо, парламент президентти да, премьерди да шайлайт, аткаруу бийлигинин башында премьер турса, президент мамлекет башына келет. Мамлекет башчы болсо бийликтин үч бутагы ортосундагы арбитр болот. Зайнидин Курманов

Ошондой өз кызыкчылыгын гана көздөп калган жетекчилерди акыр-аягында бийликтен эл кубалап чыгышы мүмкүн жана былтыркы март окуялары жөнүндө канча ар башка пикир болсо дагы, ал окуялар учурунда - элден четтеп калган бийлик кулатылган дейт Шеримкулов:

- Эл арасында бир пикир жок, бир пикир болушу да мүмкүн эмес, бирок бир нерсени эске алыш керек - былтыркы 24-мартка чейинки күндөр, январь, февраль, март айларынын ичиндеги элдин жапырт көтөрүлүп, түндүгүнөн дагы, түштүгүнөн дагы эл ошол кездеги бийликке каршы чыгып, ошол бийликти кетсин деп, ошону талап кылышып, ошол бийликти кетирүүгө жасаган аракеттерин биз бүгүн - ошонуңардын бардыгы эч нерсеге жарабай калды, мунуңардын бардыгы туура эмес болуп калды, аныңардын бардыгы төңкөрүшкө гана алып келди деп койгондугубуз, эгер ошентип айта турган болсок, бул анда - элдин ошол жасаган аракетин көрө албагандыгыбыз болуп калат. Ага баа бербегендигибиз болуп калат. Элдин ошол жасаган аракетин, мурдакы бийликти кетирүүгө демократиянын негизинде жасаган аракетин келекелеп койгондугубуз болуп калат.

Ошол үчүн мен ойлойм, 24-марттын жыйынтыгы мына бир жылдын ичинде канчалык жемиштүү же жемиштүү болгон жокпу, бирок былтыркы элдин массалык түрдө мурдагы бийликке каршы чыгышы, бул - ошол мезгилдеги демократияны дагы бекемдөөгө, мамлекетибиздин ошол демократиялык жол менен өсүшүнө, ошол биздин конституциябыз берген укукту элдин өзү туура пайдаланып, ошол укугун ишке ашырып, элден четтеп калган, элден алыстап калган бийликти кубалап чыкканы - мунун өзү чоң жеңиш.

Спикер деген, чындыгын айтканда, депутаттардын дирижеру. Эгер дирижер жакшы болсо, симфониялык оркестр да жакшы ойнойт.
Медеткан Шеримкулов

Анын пикиринде, былтыркы марттагы ыңкылап чындап эле элдин жеңиши болгон:

- Миңдеген адамдын, жалаң эле түндүктөн же түштүктөн эмес, Кыргызстандын төгөрөгүнүн төрт бурчунан чыккан нааразычылыктын негизи 24-мартка алып келди. Анан аны бир гана киши жасаган жок, эгерде ошол 24-мартты бирөөлөр менин гана эмгегим, элдин баарын мен көтөрдүм, ошонун артында мен гана тургам дей турган болсо, бул туура эмес. 24-марттын артында, 24-марттын алдында, 24-марттын чордонунда элдин өзү турду. Ошондуктан бул, чынын айтканда, элдин жеңиши.

Жана андай окуяны башынан кечирген жетекчилер эми Акаевдин учурундагыдай саясат жүргүзүүдөн тартынып калат дейт Шеримкулов:

"Төңкөрүш болбогондо, Акаев шайлоого кайра чыгып, 80-90 пайыз добуш алмак. Анткени эл шайлабай калбадыбы - президентти чиновниктер шайлап калган".
Зайнидин Курманов

- 24-марттын дагы бир сабагы, биринчиден, ошол эски бийликти, Акаев баш болгон бийликти кетиргендиги болсо, экинчиден, келечектеги, бүгүн дагы, эртең дагы келе турган бийликке болгон чоң коңгуроо дагы, чоң эскертүү - эгерде эл үчүн, журт үчүн иштебей турган болсоңор, эгерде элдин алдында берген өзүңөрдүн сөзүңөрдү, өзүңөрдүн убадаңарды аткарбай турган болсоңор, баары бир элдин чыдамы бир убакта бүтөт дагы, силерди дагы төңкөрүп коет деген сөз,- дейт Медеткан Шеримкулов.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG