Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 06:16

Кыргызстан

КАЗАКСТАНДЫН ЖАҢЫ ӨКМӨТҮ КЫРГЫЗСТАНГА ПЕЙЛИН САЛАБЫ?

Элен Куленбекова, Бишкек Казакстандын парламенти Карим Масимовду өлкөнүн өкмөт башчысы кылып бекитти. Президент Назарбаев тарабынан көрсөтүлгөн Масимов Казакстан эгемендик алгандан берки жетинчи өкмөт башчы болуп калды. Масимов мурда вице- премьер- министри болуп иштеген. Ал улуту боюнча уйгур, Кытайда билим алган. Жаңы өкмөт башчынын келиши кыргыз-казак мамилесине өзгөрүү алып келеби? Мындан ары коңшу мамлекеттер арасында алака кандай өңүттө өнүгүшү мүмкүн?

Жаңы өкмөттүн келиши менен кыргыз-казак экономикалык мамилесинин жаңы баракчасын ачуу мүмкүн. Өлкөнүн мурдагы премьери Даниел Ахметовдун убагында кыргыз-казак экономикалык алакасында биз тарап үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр колдонулбай калган, дейт мурдагы кыргыз вице-премьери Базарбай Мамбетов.

- Камбар ата ГЭСин биргелешип куруп, ошол ГЭСтен чыккан электр энергияны, арзан энергияны, сууну биргелешип колдонолу деген ойлор болду. Бирок ал киши “аны кургандын ордуна Орто азиялык суу энергетикалык консорциумун түзөлү. Ошол Эл аралык суу консорциумуна силер Токтогул ГЭСин, Токтогул суу сактагычын, ошол жердеги Токтогул каскадына кирген беш гидроэлектростанцияны бергиле, биргелешп башкаралы” деген амбиция менен жүрдү да. Бул туура эмес болгон. Экинчиден, Нурсултан Назарбаев аркылуу 2003-жылдын декабрь айында кыргыздарга жанагы темир жол боюнча транзитибизге, тарифти колдонуу, Казакстандын ички тарифин бизге колдонуу боюнча чоң-чоң маселелер чечилген. Ошолордун баардыгын улуу урматту Ахметов өзүнүн өкмөт мүчөлөрү менен биргелешип, ошол келишимдердин бардыгын төрт-беш айда жокко чыгарып салган, -дейт Базарбай Мамбетов.

Жаңы өкмөттүн келиши Казакстандын тышкы саясатына эч таасирин тийгизбейт. Кыргыз-казак мамилеси да буга чейинки эки тараптан макулдашылган келишимдеринин негизинде өнүгөт деп эсептейт мурунку премьер-министр Амангелди Муралиев:

- Казакстанда өкмөт тартиби абдан күчтүү. Азыр болсо, Назарбаевдин саясаты болуп атпайбы. Анын бизге карай көз караштары жакшы. Бир топ келишимдер бар. Мен ойлоп атам, жаңы казак өкмөтү ошол келишимдердин негизинде эле иш алып барат

Аменгелди Муралиевдин пикиринде мындан кийинки кыргыз-казак өкмөттөрүнун кызматташуусунда кыргыз тарап урунттуу төмөнкү 3 маселени карашы керек.

Кыргыз товарларынын экспорт жолдору казак территориясынан өтөт. Кээ бир казактын жергиликтүү органдары ар кандай жолдор менен биздин экспортерлорго тоскоолдук кылышат. Андыктан, биринчиден, соода тармагындагы маселерди жөнгө салуу абзел. Экинчиден, экономикасы жакшы темптер менен өнүгүп, салмактаган Казакстандын капиталын инвестиция түрүндө Кыргызстандын экономикасына тартыш керек.
Үчүнчүсү мигранттар меселесин чечүү зарыл.

Миграция жана калкты жумушка жайгаштыруу комитеттин төрайымы Айгүл Рыскулованын айтымында, Казакстанда расмий 10 миңге чукул кыргыз эмгек мигранттары бар. Бирок, алардын чыныгы саны мындан алда канча көп.
Жаңы өкмөттун келиши менен аларга карата талаптар курчушу мүмкүнбү?

- Эки келишим бар. Ал келишимдерге биринчиден өкмөт тарабынан кол коюлган. Экинчиден алар ратификациядан өткөн. Президент да кол койгон. Казакстандын ички мыйзамдарына караганда бул келишмдер өйдөрөөк турат. Мигранттарга карат чоң өзгөрүү болбош керек,- дейт Айгүл Рыскулова.

КОЧКОРГО ЖАНА БАТКЕНГЕ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ ЖАГДАЙЫНДА НААРАЗЫЛЫК БАР

Кочкор районунда жер титирөө жети миңге жакын үйбүлөөнүн там-ташына залака келтирди. Кыштын ызгаарында өз үйүндө жашай албай, тууган-туушкандарыныкында баш калкалап жаткан кочкорлуктарга бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде Улуттук кызыл ай коому гуманитардык жардам көрсөтүүдө. Бирок жапа чеккендер гуманитардык жардам калыс бөлүнбөй жатат деген дооматтарды айтышууда.

Өткөн жылы 25-декабрдан 26-декабрга караган түнү күчү алты жарым - жети баллдык жер титирөө катталган. Анын кесепетинен Кочкор району экономикалык жактан көп кыйроолорго учурап, болжолдуу эсеп боюнча 6800 үй-бүлөөнүн там-ташы жарактан чыккан.

Адам укугун коргоо комитетинин Кочкор району боюнча өкүлү Чынара Тургуналиева жер титирөөдөн жапа чеккендерге жөнөтүлгөн материалдык колдоолор менен жардамдар колунда барларга гана берилип, калктын жакыр катмары көңүл сыртында калды деген дооматтар айтылып жатканын билдирди:

"Кызыл жарым ай коомунун жардамы туура эмес бөлүштүрүлүп, элдин көбү нааразы болууда. Колунда барларга берип, жакыр жашагандарга эч нерсе тийбей калган экен. Кочкордун эли чукул кырдаалдар министрлигине алар чоң үйлөрдү гана карап, времянка тамдарды карабай жатканына нааразы болушууда. Анткени, колунда жок адамдар чоң там кура албай кичинекей тамда жашап келишкен да."

Ал эми Нарын облусунун губернатору Жыргалбек Азылов мындай сын пикирлер негизсиз дейт:

"Мүмкүн болушунча Кочкор районунда объективдүү иштегенге аракет кылып жатабыз. 15-январга чейин айыл өкмөттөрүнүн баарын кыдырып бүтүп, жыйынтык чыгарганда гана дооматтар айтылса бир жөн. Жапа чеккен 6800 үйдү кыдырып, баа бериш деген көп убакытты талап кылат. Мындан тышкары времянкамды, сарайымды карабай кетти дегендер да бар. Эми биз мамлекетибиздин финансылык мүмкүнчүлүгүн да карашыбыз керек да", дейт Жыргалбек Азылов.

Кочкор районунда жер титирөөдөн 10 мектеп жабыркап, алардын ичинен 3 мектеп кыйроо абалында турат. Бул мектептерди кайра оңдоо иштери бүткөнгө чейин окуучулардын кышкы эс алуу күндөрү узартылышы мүмкүн.

Жер титирөөдөн жапа чеккендерге эл аралык уюмдардан Улутук кызыл жарым ай коому гуманитрадык жардам көрсөтүүдө. Улуттук кызыл жарым ай коомунун өзгөчө кырдаалдар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Айгүл Атаканованын айтымында, жакынкы арада жер титирөөдөн жабыркагандарга дагы 100 миң швейцар франкы же башкача айтканда 80 миң доллар өлчөмүндө жардам көрсөтүлмөкчү:

"Жер титирөөдөн оор кыйроолорго учурап, үйлөрү кайра оңдоого жарабаган 1312 үй бүлөөгө жардам берилет. Бирок албетте ушул миң үч жүздүн ичинен өтө оор абалдагы адамдарга- майыптарга, баккан адамын жоготкондорго биринчи кезекте жардам көрсөтүлөт. Биз жапа чеккендерди категорияларга бөлүүнү туура көргөн жокпуз. Анткени, бары тең колдоого муктаж."

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учурда Кочкордо жардам берүү иштери улантылууда. Жер титирөөнүн зыяндарын иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия учурда Кочкордун 11 айылын кыдырып жүрөт. Жер титирөө канча суммадагы каражатка зыян келтиригендиги жакынкы күндөрү белгилүү болот. Кочкордогу кырдаалды талкуулоо үчүн өкмөттүн отуруму 15-январда болоору күтүлүүдө.

Акыркы маалыматтарга караганда, Баткенде кечээ болгон жер титирөөдө миңге жакын үй жабыркап, үч үй кыйроо абалында турат. Жер титирөөнүн кесепетинен стресс деген диагноз менен 10 адам ооруканга түшүп, Тогузбулак айыл өкмөтүнүн Айкөл айылынын 26 жаштагы тургуну жүрөгү кармап ооруканга жетпей каза болгону маалым болду. Белгилей кетчү жагдай, Улуттук кызыл жарым ай коому жер титирөөдөн жапа чеккен Баткен облусуна жардам көрсөтүүнү караштырууда.

КЫРГЫЗСТАНДА КЫШКЫ СПОРТТУН АБАЛЫ КАНДАЙ?

Эгемендүүлүктү алгандан бери өлкөдө кышкы спортко жетиштүү көңүл бурулбай калды. Совет доорундагы легендарлуу «Нооруз», «Оруусай» лыжа тебүү базалары Президенттин алдындагы иш-башкаруу чарба башкармачылыгынын киреше табуунун булагына айланды.

Эгемендүү болгондон бери лыжа спортунун деңгээли ылдыйлап кеткен. Шыпка чейин тизилген мектептердеги лыжалар эскирип, сынып, сатылып жок болгон. Учурда өлкөдө лыжа спорту боюнча беш гана машыктыруучу калды . Анын 3 Бишкекте, калганы Нарын менен Караколдо иштеп жатышат.

Азыркы жакшы тоо лыжасынын наркы - бир жылкынын баасына барабар. Карапайым калк мындай лыжа сатып алууга да чамасы жетпейт. «Нооруз», «Оруусай» лыжа базалары Аскар Акаевдин убагында эле Президенттин алдындагы иш-башкаруу чарба башкармачылыгынын карамагына берилип, алар үчүн киреше табуунун булагына айланган.

Кышкы спортту өнүктүрүү үчүн өлкөдө ыңгайлуу шарт бар, бирок жетекчилер көңүл бурбай жатканын Жогорку кеңештин депутаты Аскар Салымбеков айтып, мындай деди:

- Чынында лыжа спортунда кайрадан жандануу башталды. Дем алыш күндөрү Кой-Таштагы лыжа базада эс алып, лыжа тепкендер арбын болуп калды. Бул спортту өнүктүрүү учур талабы. Кыргызстандын жаратылышы – кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу. Айрыкча Нарын облусундагы узак кыш мезгили, Ысыккөлдүн тоолуу аймагы, Чүй, Таластын тектирлүү тоолору лыжа спортчуларына машыгууга мүмкүндүк берет. Кыш мезгилинде гана эмес жаз, жай айларында ак кар көк музу кетпеген мөңгүлүү аймактарда жыл бою лыжа тебүүгө, бул спортту өнүктүрүүгө шарт бар. Бирок мамлекеттик деңгээлде программа жок.

Келген чет элдик меймандар да «кардан пайда таап, эл аралык лыжа базаларын курууга өтө ыңгайлуу тоолор көп экенин» суктануу менен айтып келатышат. Ошондой эле кар көрүүгө зар болгон Азия мамлекеттеринин адистерин да Кыргызстанда биргелешип тоо лыжа базасын курууга тартса болчудай.

Совет доорунда балдар арасында хоккей боюнча да «Алтын шайба» мелдештери уюштурулуп турчу. Жети жылдан бери Чаекте Эркинбек Матыевдин жаркын элесине арналып топ менен ойнолчу хоккей боюнча мелдеш өткөрүлүп жүрөт. Аламүдүн районунун салык инспекциясынын жетекчиси, өлкөнүн хоккей федерациясынын президенти Нурланбек Матыевдин айтымында быйыл Жумгалда кар жаабагандыктан хоккей мелдеши февраль айына жылдырылды.

- Кыргыз жергеси кышкы спорттун өнүгүшүнө абдан ыңгайлуу. Биз бала кезде Жумгалда хоккей ойноп чоңойдук. Кийин бул спорт унутулуп калгандыктан, кайра жандандырып 7 жылдан бери Чаекте хоккей мелдешин өткөрүп жүрөбүз. Быйылкы мелдештин финалдык таймаштары февралда болмокчу. Ушул Чаек айылында Шортон деген чакан көл бар. Ал 1-2 мерт тереңдикте тоңот. Хоккей мелдешин эл аралык деңгээлде өткөрүүгө даярдык көрүп жатабыз. Кыргызстанда кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө жардам берип, колдоого алуубуз керек.

Лыжа спорт күйөрманы Аман Рыскуловдун айтымында Оруусай, Нооруз лыжа базаларына байлар гана барышат, карапайым калк барууга мүмкүнчүлүгү жок. Себеби тоо лыжасын 1 күнгө аренда акысы 500сом. Сноуборддун арендалык наркы - 700 сомго барабар. Зым жолу менен жогору чыкканыңыз үчүн саатына 300 сом төлөөгө туура келет.

- Бул лыжа тебүү базалары капчыгы калың эс алуучулардын жайына айланып калды. Эгерде сизге ушул базанын спорт инструктору лыжа тебүү ыкмаларын бир саат үйрөтсө, анда ага 300 сом төлөп бересиз. Ошентип, бул базаларга карапайым калктын өкүлдөрү бара алышпайт. Бул аймакта пайда табуунун көздөп, ал эми кышкы спортту өнүктүрүү маселеси көңүл сыртында калууда.

Орусиянын Президенти Владимир Путин Кыргыз жергесинде болгондо, бул аймакта тоо лыжасын өнүктүрүүгө ыңгайлуу экенин байкап, биргелешип тоо лыжа базасын куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилге Кыргызстандын спорт жетекчилери тарабынан азырынча колдоого алынбай турат.

Жаңырган жылдын 28- январында Кытайдын Чанчун шаарында 6-кышкы Азия оюндары башталат. Кышкы спорттун 10 түрү боюнча өткөрүлүүчү Азия оюндарына Кыргызстандан биатлон, тоо лыжасы жана сноуборд боюнча 8 спортчу катышмакчы.

CЕРГЕК ЖАШОО ЖАНА МОДАЛУУ АГЫМДАР

Элен Куленбекова, Бишкек “Wellness Industry” түшүнүгү сексенинчи жылдардын башында пайда болгон. Ал косметология, пластикалык хирургия, дененин сулуугу үчүн кам көрүү дегенди түшүндүрөт.Бүгүнкү күнү планетанын негизги финансылык каражаты Wellness Industry - “хай-тач” (hi-touch) индустриясына агылууда дешет серепчилер. Күндөн күнгө адамдар арасында өз денесине көңүл бөлүү, аны кастарлоо өзгөчө мааниге ээ болуп бараткандай. Анысы да түшүнүктүү. Учурдагы жашоо темпи адамдарга ден-соолукту чыңдамак эмес, өз убагында туура тамактанууга да убакыт калтырбайт. Эртеден кеч компьютер алдында кыймылсыз олтуруу, анан фаст фуддан алып өзөк жалгоо ашыкча салмактык проблемасын жаратууда. Дүйнөлөшүүнүн агымындагы Кыргызстанда сергек жашоо үчүн кандай шарттар бар? Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борборлорун кыдырган Элен Куленбекова болду.

Суулулук жана ден-соолук астындагы жарнамаларга үңүлсөк Бишкекте атайы сергек жашоо үчүн борборлор жетишээрлик экенин бамдоого болот. Алардын кызмат көрсөтүүдөгү орточо баасы 600-1000 сомго дейре. Мында кардарлар аэробика, шейпинг, калланетика, фитнесс өндүү багыттар боюнча атайы машыктыруучунун көзөмөлү астында ден соолугун чыңдай алат.

Сергек жашоодогу жаңы агымдар тууралу кеп кылсак, бул – чыгыш бийлери, тай бо, йога жана башкалар. “Sport Lady” борборунун машыктыруучусу Чынгыз Рахатбековдун түшундүрмөсүндө, тай бо - чыгыш күрөштөрүнүн ыкмаларын камтып, ошону бий түрүндө аткаруу.

Жаштар арасында салыштырмалуу жаңы агым - чыгыш бийлери да өзгөчө популярдуу экени анык болду. “Арабика” бий үйрөтүүчү борборунун машыктыруучулары кыздардын көбү чыгыш бийлерине ийкемдүү болуш үчүн жазылышаарын билдиришти. Ийкемдүүлүк демекчи ушул эле “Арабика” бий үйрөтүүчү борборунда стрип пластикага машыктыруу кызматы да бар.

Дана аттуу машыктыруучунун айтымында бул стрип пластиканы да сергек жашоодогу модалуу агымга киргизүүгө болот. Анткени ал өзүнө аэробика, шейпинг, чыгыш бийлеринин элементтерин камтыйт.

-Стрип пластика эмне берет? Айымдарга тиешелүү назиктикке, маралдай басууга, дефиле, хореографияга үйрөтөт.Мүчөнүн сымбатын чыгарууда эч кандай аэробика, шейпинг муну менен тең тайлаша албайт,- дейт Дана.

Сергек жашоо түшүнүгү бүгүнкү күнү өз маанисин жоготкон сымал. Бишкекте жайгашкан машыктыруучу жайларды кыдырып, алардын кардарлары менен маектешкен соң, ушундай жыйынтыкка келдик. Анткени, балдар болобу же кыздарбы ириде, ден соолукту чыңдоо үчүн эмес, дене сулуулугу үчүн мындай жайларга баш багышат.

ТЕМИР САРИЕВ: МЕН БИЙЛИКТИН ЛОГИКАСЫН ТҮШҮНБӨЙМ...

Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев жүз миң долларды каттоосуз Кыргызстандан чыгарып баратат деген шек менен 9-январда «Манас» аба майданында кармалган. Ушул эле күнү депутат мындай маалыматты төгүндөп, окуяны бийликтин кезектеги чагымы катары сыпаттады.

- Маалымат агенттиктери сиздин жаныңызда жүз миң доллар бар экен деп жазышты, сиз он миң доллар деп атасыз. Бул каражаттын таржымалы тууралуу айтып берсеңиз?

- Ал эми жөнөкөй эле. Мен акчаларымды кредиттик карточкага салып жүрөм. Жанымда эки жүз, үч жүз, беш жүзгө чейин майда акчалар болот, эгер, сыртка чыгып атсам. Эми сыртка чыгып атканда жаныңда акча болушу керек да. Ал эми жанагы он миң доллар боюнча кечинде мен кетерде иним телефон чалып айтып калды эле да «командировкага кетип атсаң мен жөнөтүп коеюн, бирок, менде акча бар эле, ала кетсең, ошо жерде бир киши тосуп алат, ошого берип койсоң, мага сыр жасаганга кошумча ингредиенттерди салып жиберет эле» деп. Мен макул дегем. Мен ойлойм, ошону атайын кызматтын адамдары укса керек, телефонду угуп туруп, акча дегенден кийин чоң акчаны алып баратат окшойт, ушуну менен биз кандайдыр бир провокация кылып, муну каралайлы деген аракет менен атайын келип отурушат да. Мен силер эмне күн сайын ушундай рейдде отурасыңарбы деп сурадым алардан. Болбосо, "Түрк аба жолдоруна" өтө эле аз адам регистрация болуптур. Кийин билип отурам, мен келгенден кийин эле ошо жерде беш-алты адам жүргөн, атайын келишкен экен дагы мени провокацияга алып келе турган иш-аракеттерге даярданып атышкан экен.

- Сиз Түркияга, Стамбулга эмнеге бараттыңыз эле?

- Европадан бир адам учуп келмек эле. Саясатка байланыштуу бир сүйлөшүүлөр болмок. Мен ошого жолугуп, сүйлөшөйүн деп баргам.

- Бул жашыруунбу?

- Жашыруун деле эмес. Мен айта албайм, аны көптөрү тааныбайт. Бул жекече сапар болчу. Өз чөнтөгүмдөн төлөп, билет алып эле, Жогорку Кеңештен командировка деп тыйын албай эле барып келмекмин.

- Бул жерде кандай мыйзам бузулду деп ойлойсуз, мына сизге байланышкан аба майданындагы окуяда?

- Биринчиден, Бажы кодекси толук бузулду. Анткени, бизди текшерип тура турган бажы тосмосунда атайын адамдар болот. Бажы кызматында иштеген бул адамдар ошол жерде туруп, бизди кодекстин негизинде текшерип, карап өткөрүш керек. Экинчиси, чегарачылар жөнүндөгү мыйзам бузулду. Анткени, чегарадан ары эч ким өткөнгө акысы жок, эгерде сенин уруксатың же паспортто белгиң болбосо. Бирок, коопсуздук кызмат адамдары чегара зонасынын ичинде жүрүп атышты. Үчүнчүдөн, коопсуздук кызматы жөнүндөгү мыйзам бузулуп атат. Анткени, эгерде кандайдыр бир кызматкерлер сөзсүз түрдө бажы жана чегара кызматынын адамдары менен бирге болуп, ошол жерден текшерип, ошол жерден ачыкка чыгарыш керек болчу. Аларсыз эле өздөрү бул ишти жасап жатышат. Төртүнчүдөн, Конституция бузулду. Анткени, Конституцияда депутат иммунитетке ээ, депутатты текшерип, кармаганга уруксат жок деп жазылган. Бешинчиден, бажы Кодексинин инструкциялары бузулду. Анткени, аларда декларацияны сөз менен айтып койсо болот деген жобо бар. Сизде акча барбы деп сураганда «ооба, менде акча бар» деп айткам.

- А эмне үчүн сиз жүз миң доллар деп айттыңыз, эгер, жаныңызда он миң эле доллар болсо?

- Жүз миң доллар деп айтканым, алар баарын күтүп, мени текшерип, ары жакка өткөндөн кийин артымдан келип атышпайбы. Ойлошкон окшойт да, ичинде акча бар, провакация кылып, ошону менен кармайбыз деп. Акча барбы деп сурашканда «Ооба, акча бар» дедим, «Канча бар?» дешкенде «Эмне класыңар канча барын силер? Силер мени текшергенге акыңар жок. Эгер бажы инспекциясынын адамы келсе мен ошого көрсөтүп берейин» дедим. Бажы инспекциясынын адамы ал жерде жок болчу. Анан алар анда жүрүңүз биз анда карайбыз дегенде мен түшүндүм да, «Эмне үчүн карайсыңар? Андай акыңар жок. Эгер тыйын деп атсаңар, ооба, менде тыйын бар, жүз миң доллар бар, эмне кыласыңар? Анын жобосу бар. Ошонун негизинде кылгыла» деп айткамын.

- Дагы бир суроо, сизге кысым, куугунтук өңдүү иштер болуп атат деп атпайсызбы,сиздин оюңузча сиз бийликке кандай коркунуч келтирип атасыз? Кандай кызыкчылык бар буга?

- Эми муну алардан сураш керек. Мен ойлойм, бардык нерсени ачык-айкын айтып атам, гезиттерден, парламент трибунасынан. Мен мамлекетке же президентке душман эмесмин. Бир гана оюм депутат катары туура эмес болуп аткан иштерге сын көз менен карап, кылып аткан иштерин туура эмес деп айтып, оңдоо жолун айтып, аларды оңдоого түрткү бериш деп эсептейм. Кээ бирөө муну душман катары кабыл алышып, менин бүгүнкү бардык кыймыл-аракетимди президентке каршы, бүгүнкү бийликке каршы деп берип атышат да. Мен ойлойм, президент деле муну түшүнүш керек. Мен ал кишиге жолукканда да айткам, мен сизге душман эмесмин, кылып аткан туура эмес ишиңизге жана кылбай жаткан ишиңизди ар дайым сындап келем. Бул мыйзам ченемдүү нерсе деп айткам.

- Бийлик оппозицияны максаттуу түрдө куугунтуктап жатат дегенге кандайдыр бир негиздерди айта аласызбы азыр?

- Биз бул жөнүндө айтканбыз ноябрь айында, эгер, системалык реформага барып, чын эле демократиялык реформаларды жүргүзөбүз десек, биз бири-бирибиз менен ынтымакта болуп, позиция болсок да, оппозиция болсок да мындай сүйлөшүп, Кыргызстандын келечеги үчүн иш-аракет кылалы деп. Бирок, тилекке каршы бийлик өзүнүн күчүн өзүнүн алдында турган атайын кызмат адамдарын колдонуп, ар түрдүү чагымдарды жасап атышат. Менин айтып кеткеним, бул өтө орчундуу маселе, мени Барктабасов менен байлап, ошо Барктабасовдон тыйын алып, март-апрель айларында Бишкекте чоң акцияларды өткөргөнгө даярданып атыптыр деп атышыптыр. Мен булардын логикасын түшүнбөйм, бир четинен Барктабасовдон акча алып атам дагы, бир четинен Кыргызстандан акчаны чыгарып атам. Мен түшүнбөйм да. Бу жерде эч кандай кылмыш да болгон эмес, кылмыштын составы да жок болчу. Булар бизди ар дайым биз силердин артыңардан текшерип турабыз, баарын угуп турабыз, баарын билип турабыз, артыңардан калбайбыз, ар бир кыймыл-аракетиңерди көзөмөлдөп турабыз деген мааниде кылып атышат деп ойлойм.

« КАРА АЛТЫНЫҢДЫ КАРАЧЫ,» КЫРГЫЗСТАН!

«Слово Кыргызстана» гезити республикада 300 миллион тоннадан ашуун нефти запасы барын, маселен Фергана өрөөнүндө-109 миллион тонна, Алайда-80 миллион, Нарында-75 миллион, Ысык-Көлдө- 25 миллион, Чыгыш Чүй аймагында-30 миллион тонна «кара алтын» казылбаган бойдон катылып жатканын, (Кыргызстан жылына миллион тоннага жакын нефти коротот), бир эле Алай чөлкөмүндөгү «кара алтынды» казып иштетүүдөн өлкө узак жылдар бою өзүн өзү нефть жана газ менен камсыз кыла аларын, демек, түз инвестиция тартуу тизгинин ушул тармакка буруу керектигин жазды.

Ушул эле гезит окурмандардын көңүлүн жаштар маселесине буруп, өлкөдөгү шайлоо системасы деле мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүүгө жөндөмү бар жаштарды тандап алууга кудурети чектелүү экенин көрсөткөнүн, идеяга бай, бирок тыйынга жарды инттелигенттер болсо ызы-чуунун арасынан көрүнбөй кала берип келатканына токтолду. Тилекке каршы, адамзат акылын алга жетелейт деген билим берүү тармагы да калыстыгынан ажырады. Талант, жөндөм артка сүрүлүп калды. Тескерисинче таланты, билими анчейин экенине карабастан экономиканын, бийлик бутактарынын бардык тармактарын бийлиги жана байлыгы бар ата-энелерине чиренген байбача балдар ээлеп жатышат. Ошол эле учурда таланттуу, бирок колунда жок жаштар көп жылдарын турмуштун оор жүгүн көтөрүп, ата-энесин багууга, ини-карындаштарын жерден өйдө тургузууга коротуп жатат…

«Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити Кыргызстандын шаарларындагы мектеп чогулткан акчалар ал жердеги ниети таза эмес жетекчилердин чындап жем жеп келаткан акырына айланды, деп жазып, маселен, бир эле мектепте 1800 окуучу окуса, ар бир окуучудан чогултулган 190 сомду окуучулар окуган 9 айга көбөйткөндө 3 078 000 сом же 79 948 доллар болорун эсептеп чыгарып, коррупциянын тамыры каякта көктөп жатканын көрдүңүзбү, деген суроону койгон.

«МК-Кыргызстан» гезити мындай бир көйгөйлүү маселени көтөргөн. Азыр кайда гана барбагын, кандай гана маселеге чарпылбагын алдыңдан жылмаңдап «мода» тосуп чыгат. Мындан ондогон жылдар мурда АКШда, Европанын бир катар өлкөлөрүндө деңиздин ичинде, жакын адамынын кашында, ваннада төрөө өнөрү жайылган, акыры Батыштын шамалы менен бул «өнөр» КМШ өлкөлөрүнө тарап, акырындап түпкүрдө жаткан Кыргызстанга да келип жеткенин жазды.

ТҮРКМӨН ЖАШТАРЫ ҮЧҮН КЫРГЫЗСТАНДА ОКУГАН ЫҢГАЙЛУУ

Жаннат Токтосунова, Бишкек Чет өлкөдө билим алууну тандаган түркмөнстандык жаштардын саны жылдан жылга өсүүдө. Буга 2003-жылы президент Сапармурат Ниязовдун жогорку билим берүү системасында жүргүзгөн реформасы түрткү болду. Ага ылайык, мектеп бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайга тапшырардан мурун мамлекетке эки жыл иштеп берүүгө милдеттүү. Мындан сырткары өлкөдө контракттык негиздеги окуу такыр жоюлуп, бюджеттик орундардын саны кыйла кыскарган. Ошондуктан чет өлкөлүк диплом менен жумуш табуу оор болсо да, түркмөн жаштары Орусия, Түркия, Казакстан, Украина өндүү өлкөлөргө агылууда. Кыргызстанда да түркмөн студенттери көп. Бейрасмий маалымат боюнча, алардын саны 3 миңден ашуун.

21- жаштагы Рустам Мятишев Борбор Азиядагы Америкалык Университетинин студенти. Анын Бишкекке келгени да, дал ушул окуу жайга өткөнү кокусунан болгон:

- Мектепти аяктаган соң, Орусияга барып окуу мүмкүнчүлүк пайда болду. Бирок окууга 2 ай калганда, мен Америкалык университет тууралуу маалыматты угуп калдым. Көп өтпөй анда акысыз окуу учун атайын стипендия алуу учун документтеримди тапшырдым. Өтүп кеттим. Бишкекте окуганыма төрт жыл болду.

Ашхабаддан жаны келген Рустамды Бишкек кучак жайып тосуп алды десек калп болуп калат. Анын шаарда бир да таанышы жок эле. Рустам батир таппай, бир жарым ай мейманканада жашап жүрдү.

Бирок, азыр баары жайында. Рустам өз окуу жайынын алдыңкы студенттеринин катарында. Бул жердеги жүздөгөн мекендештерине окшоп, окууну да, жумушту да бирге алып жүрөт. Бишкектеги окуусун аяктаган соң, Рустам мындан алыс өлкөлөргө жөнөп, ал жерде байыр алгысы келет. Түркмөнстанга кайтуу азырынча анын пландарына кирбейт:

-Жакында болгон окуялар Түркмөнстанда Ниязовдун саясаты дагы кеминде он жылга уланаарын көрсөттү. Мен өлкөмдүн чыныгы патриоту болгонум менен, азыр ал жакка кайтуунун кажети жок. Ага караганда чет өлкөдө мага кыйла көп мүмкүнчүлүктөр ачылат.

23-жаштагы Мяхри Рустамдан айырмаланып келечегин Түркмөнстан менен кана байланыштырат. Бишкектеги Медициналык Академияны аяктаган соң дароо үйгө кайтам дейт:

-Түркмөнстанда иштегим келет. Бул жерде деле калат элем, бирок врачтардын айлыгы өтө эле аз. Азыр ал жакта Кыргызстандык дипломдор таанылбайт. Ошондуктан, барган соң документимди тастыктаган атайы сынактарды тапшырам. Алып жаткан билимимди сапаты жогору деп ишенем, ошондуктан өзүм каалаган жумушта иштеп кетээриме көзүм жетет.

Адамдарды дарылоо Мяхринин бала чагынан көздөгөн максаты эле. Бирок чоң окууга тапшыраарга келгенде, анын бул тилеги орундалбай кала жаздады. Түркмөнстанда окуу орундары чектелгендиктен Мяхри институтка үч жыл катары менен өтө албай жүрдү. Беш миң доллардык пара берип өтүп кетүүгө акчасы жетмек эмес. Башка мүмкүнчүлүгү жок экенин түшүнгөн кыз акыры Бишкекке келип окуп калды. Ал өзүнүн кадимки жашоосу тууралуу мындай дейт:

-Башка студенттерге окшоп эле ижарада турам. Акчаны ата-энем салып турат. Өзүм да иштейм, жашоом жакшы эле. Азырынча сүйлөшкөн жигитим жок. Үй-бүлө тууралуу да ойлоно элекмин. Бизде чет элдиктер үчүн калыңдын расмий баасы 50 миң доллар эмеспи. Жигиттер бул акчаны төлөгүсү келбей, бир түркмөн кыздан көрө үч башка улуттагы кызга үйлөнгөн оң деп айтып калышат.

Мяхринин айтымында, ал Кыргызстанга ортомчулар аркылуу келген. Түркмөнстандык жаштарды билим алууга расмий түрдө азырынча жалгыз Бишкектеги Америкалык университети ганга чакырууда. Башка жогорку окуу жайлар да бул жаатта иштеп баштаса, аларга да, түркмөн улан-кыздарына да пайдалуу болмок. Гульшат аттуу айым мындай деп белгилейт:

-Жаштардын дал ушул Кыргызстанды тандап жатышы бекеринен эмес. Бул жерде окуунун баасы арзан, каалаган жумушта иштей аласын, кааласан жеке ишкана да ачсан болот. Анан да эң башкысы – бул өлкө эркин, демократиялуу... Кыргызстандан өзүндү адам катары сезип, эркин дем ала аласын.

“СҮТ БУЛАККА” СҮТ САТКАНДАР НААРАЗЫ

Түп районунун Жылуубулак айылындагы сыр заводуна ал жердеги сүт өткөргөн эл нааразы болуп атат. Анткени накта сүттү 2-5 гана сомдон баалап өндүргөн продукциясын дагы райондун аймагына сатпайт экен.

Он жыл мурда швейцариялыктар жер алдынан чыккан булактын суусун текшерип, анын экологиялык тазалыгы жогорку сапатта аныкталгандыктан, ошол булактын көзүнө сүттү кайра иштетүүчү завод курушкан. Бирок, Швейцария менен Кыргызстандын биргелешкен “Сүт булак” аталган бул сыр заводу жабык иш жүргүзүп келатканын эл төмөндөгүдөй жоруйт экен:

- Биринчиден, булар эмне чыгарат, ассортименти кандай элге эч кандай маалымат бербейт. Экинчиден, мен “Сүт булакка” нааразымын, анткени булар монополист болуп алган. Булар булактын суусун колдонуп атат. Ошого жараша биз Түп районунун тургундары өзүбүздө турган “Сүт булактын” продукциясын жей албайбыз. Бишкекке барганда сырды ошол жактан сатып келебиз, - деди Клара Алышбаева.

Бул заводго сүт өткөргөн бардык айылдардын тургундары сүткө коюлган баалардын арзандыгына нааразы:

- Жайкысын 3 сом 50 тыйындан, бүгүнкү күнгө 5 сом 90 тыйындан төлөшөт. 20 саан уйум бар. Быйыл жылдагыдан азыраак сүт алдык. Сүттү күнүгө 50-60 литрден өткөрөм. Бирок ал актабайт, чөп кымбат, - жылына 20 тонна сүт өткөргөн Кеңсуу айылынын фермери Төлөмүш Сатаев.

Ал эми Чоңташ айылынан Арстанбек аттуу жигитти сөзгө тартсак:

- 3-4 сомдон алышат сүттү. Сүттүн майлуулугуна карабайт, бүт элдики ошол баа менен эле кетет, - деди эки уйунун сүтү менен үй-бүлөсүн баккан жигит.

Айрым жашоочулар завод таза сүтүбүздү алып, кечинде жараксыз деп кайра бергени туура эмес дешти эле, аны сүт кабыл алган айымга билдиргенибизде мындай жооп узатты:

- Мен сүттү алганда температурасын текшерип анан алам. Ал жака жеткенде температурасы түшүп калгандыктан алышпайт. Ошого эл нааразы болуп атат, - деди Таня Сагынтаева.

Ал эми 10 жылдан бери өндүрүштө иштеген Дилбара Дүйшөбаева чыгарган жети түрлүү сыр, йогурт, май жана башка жаңы азыктарды Кумтөр ишканасынын жана Бишкектеги фирмалардын заказына гана кетээрин билдирди.

Швейцария менен биргелешкен бул заводдун Кыргызстанга канча пайда бергенин жумушчулардын абалын билүү үчүн ишканага баш бакканыбызда жетекчисинин орунбасары Нургүл Касымакунова киргизбей туруп кайтаруучулар аркылуу кабыл ала албайм деп айттырыптыр. Көрсө булар кабарчыларды эле эмес, облус жетекчилерин дагы тоготпойт экен.

Түп районунун акими завод жетекчилери губернатор барганда араң сөзгө келгендигин айтып, айрым гана финансылык карыздарын биле алдык дейт:

- Булар күтүлгөнүн мынча деп берсе, ошого бүгүнкү күндө 600 миң НДС боюнча салык бербептир, - деген Өмүрбек Шаршеналиев, эгерде “Сүт булак” заводу сүттүн баасын көтөрбөй, алган кирешелерин ачык көрсөтпөсө күч органдары менен текшерүү жүргүзө турганын кошумчалады:

- Азыр милициянын начальнигине тапшырма бердим, 15не чейин күтөм. Бүткүл республикага кат жазып, тиешелүү органдар менен текшерүү жүргүзбөсөк, булар чынын айтканда сезгенбей атат. Элге иштейли, жардам берели деген ою жок болуп атат.

Макала даярдалып калганда “Сүт булак” заводдун Каракол шаарындагы жетекчиси Болот Шамырканов жогорудагы элдин жана жергиликтүү бийликтин доомааттарын четке какты.

КАДЫРБЕК ТАЖИЕВ: “ЭЛДИ КҮЛДҮРҮП, ЖЫРГАП КАЛАМ”

Маектешкен Акан Иманов, Бишкек Цирк куудулу Кадырбек Тажиев көп өнөрлөрдүн ээси, ал короозчо кыйкырса, кудум, тирүү корооз кыйкырып жаткандай сезилет. Жашоодо болсо, шайыр адам. Элди күлдүргөндү аябай жакшы көрөт. Ошондуктан 41жылдан бери Клоун кесибин аркалап келет. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кадырбек Тажиев кыргыз клоундорунун күлкүсү жана жашоосу тууралу “Азаттыкка” маек курду.

- Мен төрөлгөндө эле башкача төрөлгөм. Башкалар төрөлөгөндө кыйкырып, ыйлап чакса, мен каткырып күлүп чыккам. Анан кичинемден эле Раджи Капурдун “Господин 420” “ Бродяга” кинолорун көрүп, ошолор менен өскөм. Айылдан чал кемпирлердин баарын чогултуп алып, бродяганын ырын ырдап берээр элем, анан алар, ай акчабыз жок деп жумуртка, эт, аны мунуларды беришчү. 1-класста окуп жүргөндө эле үшүнтүп бизнес кылып, үйгө түркүн таттуу нерселерди алып келчүмүн.

-Бул бала кездеги алгачкы кадамдарыңыз болуптур. Ал эми кийин эс тартып калганда клоун кесибин кандайча аркалап калдыңыз?

- Мектепти аяктагандан кийин туугандар мени техникалык университетке тапшыртып коюшту. Бирок 2-курстан эле мен циркке, атчандар группасына кетип калдым. Анан 1969-жылы Ригага барганыбызда, клоун ооруп калып, ордуна мен чыктым. Ошондон бери 41 жыл өттү. Менин жашоом кызыктуу. Мисалы, көчөдө баратып калп эле жыгылып койом, элдин баары күлүп калышат. Мен да жыргап калам. Троллейбуста баратсаң же уктап жатсаң деле, бир күлкүлүү нерсе таап анан элди күлдүрөйүн, кубаныч тартуулайын деп ойлоно бересиң.

-Сиздин кесибиңизге байланыштуу эсиңизде калган окуялар болду беле?

- Кыргыз цирки 1969-жылы Владивосток шаарына барып калдык. Аш басалы деп жыгач издесек, баары суу, күйбөйт. Жаан жаап өткөн экен. Анан автобустун бензин челегине чүпөрөк салып, анан казанга коюп күйгүзсөк күйдү. Анан карасак эле автобус күйүп жатат, көрсө тамчы аркылуу өрт, бензин челегине жеткен экен. Бир маалда жарылды, андан кийин карасак сахнанын таары күйүп баштаптыр, аңгычакты ары жактан бирөө: арстан бошонуп кетти деп кыйкырды, тим эле ары бери чуркаганыбызды айтпа, укмуш болгонбуз. Ошентип биз тарыхта калганбыз.

- Бул кесипти аркалаган сиздин шакирттериңиз барбы-?

- Ооба, бар. Биз аларды азыр дайындап жатабыз. Бүгүнкү күндө элди күлдүрүш кыйын. Элдин цирке келиши да кыйын. Биз февраль айынын аягында өнөрүбүздү элге тартуулайбыз. Жалаң цирк куудулдары сахнага чыгабыз. Арасында шакирттерибиз да бар. Бул майрамга биз көп эмгегибизди жумшап жатабыз.

-Сиз кырк жылдан ашуун убакыттан бери бул кесиптин ээси болуп келесиз. Кээде, бөлөк кесипти аркалап кетсемби деп ойлонгон учурлар болдубу?

- Болот. Кээде ушундай бир кыйналганда айтчумун: Болду кеттим, акчалуу бир жакшы жерге барам деп. Анан, уктап жатып алам. Эртеси, эрте туруп алып, кайра циркке келип алам. Жашоо ушундай экен.

-Сиздин кесибиңизге байланыштуу келечекти карай кандай максаттарыңыз бар?

-Кудайым канча жаш берсе дагы цирктин ичинен чыкпайм. Ушул эле имаратта элдерди күлдүрүп, күлкү тамаша, жакшылык алып келсем деген эле тилек.

МОСКВАДА ЖОГОЛГОН КЫРГЫЗ СТУДЕНТИНИН ӨЛҮГҮ ТАБЫЛДЫ

5-январда кечинде Орусиянын баш калаасы Москвада белгисиз адамдар чет өлкөлүктөргө кол салышкан. Жыйынтыгында калмык улутундагы киши көз жумду, кыргызстандык мигрант жаракат алып, азыр ооруканада жатат. Анын аралыгында дээрлик бир ай мурда жоголгон кыргызстандык студенттин өлүгү табылганы айтылууда.

Жаңы жылдык майрамдар бүтпөй жатып, Москвада эки чет элдикке кол салышты. Бул – жаңы жылдан кийинки чет өлкөлүктөргө алгачкы кол салуу.

Белгисиз адамдардын колунан калмык улутундагы киши көз жумду. Анын денесине алты жолу бычак сайылган экен. Жапа тарткан экинчи адам – кыргызстандык мигрант Жеңишбек Молдоканов болуп чыкты. Аны сабап кетишкен. Бул тууралуу бизге Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин консулдук бөлүмүнөн билдиришти. Жаракат алган Молдоканов азыр Москвадагы райондук ооруканалардын биринде дарыланып жатканы тууралуу айтылууда.

- Ал жерде окуя мындай болгон: төрт мигрант үйдө пиво ичип олтурушканбы, же башка нерсе ичишкенби, айтор, үйдө олтуруп, анан саат 16:00 жакын пиво алганы үйдүн жанындагы дүкөнгө барышкан экен. Анан ошол жерде 3-4 киши аларды сабап кетишкен окшойт. Кол салгандарды азыр издеп жатышат. Жапа тарткан кыргызстандык жигиттин аты – Молдоканов Жеңишбек, - деди биздин суроолорго жооп берген консул Данияр Сырдыбаев.

Окуя Москванын Түштүк-Батыш тарабындагы Гримау көчөсүндө болгон деп кабарлады «Интерфакс» маалымат агенттиги. Биз ал жактагы Гагарин райондук прокуратурасы менен байланыштык. Алар бул окуя чын эле катталганын ырасмий ырасташты.

Дагы бир окуя Москванын ошол эле Түштүк-Батыш тарабында болду. Ал жакта Москвадагы РУДН (Орусия Элдер достугу университети) жогорку окуу жайы жайгашкан.

Кыргызстандык Данияр Дувабаев РУДНдин юридика факультетинин экинчи курсунда окучу. Ал 11-декабрда жатаканадан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон.

Ошондон бери анын жакын туугандары, достору, Москвадагы кыргыз элчилиги ал студентти эч жерден таппай коюшкан. Орусиянын укук коргоо органдарына да арыз берилген эле. Акыр-аягында студенттин өлүгү ал өзү жашаган жатаканадан алып эмес жердеги моргдордун биринен табылды.

Укук коргоо органдары Дуванаевди машине уруп кеткен деген билдирүү таратышты. Бул тууралуу кыргызстандык консул Данияр Сырдыбаев «Азаттыкка» буларды айтат:

- Биз ырасмий түрдө арыз бергенбиз. Ооруканаларда да, атайын кармоо жайларында да, моргдордо да аны таппай коюшкан. Москванын кылмыш издөө бөлүмүнө да кайрылган элек. Алар да эч жерде бул жигит катталбаганын билдиришти. Көрсө, ал ушул мезгил аралыгында моргдо жаткан экен. Анын аты-жөнүн компьютерге туура эмес жазып коюшуптур.

- Бирок анын чөнтөгүндө паспорту болгон да, туурабы?

- Паспортунда анын аты-жөнү орусча эле жазылса да, компьютерге ал тууралуу маалымат киргизген адамдар туура эмес жазып коюшуптур. Ошонун айынан аны таба алышкан эмес. Баардык жерде эле «Катталган эмес», - деп жатышкан эле. Анан кокус эле табылып калды, - дейт Кыргызстандын Москвадагы консулу Данияр Сырдыбаев.

Ошентип, укук коргоо органдары Данияр Дуванаевди машине уруп кеткен деп, бул фактыны «кокустан болгон кырсык» катары аташты. Кыргызстандык консул Данияр Сырдыбаев биздин суроолорго жооп берип жатып, ал өзү да студенттин өлүгүн көргөнүн, чынында эле Дувабаев кырсыктан көз жумганын тастыктай турганын билдирди.

Адилет Ормонбеков - РУДНде окуган кыргыз студенттердин бири. Ал Даниярды жакшы таанычу. Адилеттин айтымында, Данияр жоголуп кеткен күнү акча алыш үчүн банкка жөнөгөн экен. Ошол бойдон дайынсыз болгон.

- Студент жоголуп, анан аны бир ай бою таппай калган учурлар, менимче, буга чейин такыр болгон эмес. Алгачкы жолу ушундай окуя болуп жатат. Канткенде да анын чөнтөгүндө паспорту болгон. Паспортто анын Москвада каттоодон өткөн жери, жашаган жери даана көрсөтүлгөн. Ал ошол күнү банктан акча алыш керек болгон болсо, документин да жанына алышы керек эле. Билбейм, анда эмне үчүн ал тууралуу кабар бизге мынчалык кеч жетти, - дейт РУДНде окуган кыргызстандык студент Адилет Ормонбеков.

Орусиядагы Элдер достугу университетинде же кыскача РУДНде, бүгүн 80ге жакын кыргызстандык студент окуйт. Алар үчүн акыркы окуя тынчсызданууну жаратууда.

Буга чейин «орус жеринде кыргыз мигранты белгисиз жоголуп кетиптир» деген кабарлар көп эле айтылып келгени менен, «студент» деген ырасмий макамды алып жүргөн кыргызстандыктар узак убакытка жоголгон факты катталган эмес.

Төрөкул Дооров, Москва

«СЕНТЯБРЬ» ТЕЛЕКАНАЛЫН ДАГЫ КОРКУТУШТУ

7-январда кечке жуук көз каранды эмес «Сентябрь» телеканалынын кызматкерлерин белгисиз куралчан адамдар коркутушкан. Куралчан жана камуфляжчан кишилер өздөрүн «облустук бийликтин кызматкерлери болобуз» деп аташкан. Ошол эле күнү Базаркоргон районунда «Ата мекен» партиясынын бир кызматкери эки саат кармалган. Жалалабат обулустук бийлиги «Сентябрь» телеканалына коркутуу болгон күнү кызматкерлерин эч кайда жибербегенин билдирсе, облустук ички иштер башкармасы партиянын мүчөсү кармалган маалыматты ырастаган жок.

Эркин «Сентябрь» телеканалы коомчулукка оппозициядагы «Ата мекен» партиясынын сыналгысы катары белгилүү. Ал облус аймагына өзүнүн коммерциялык жарнамалары менен «ОРТ» сыналгысынын көрсөтүүлөрүн таркатат.

Телеканалдын деректири Чолпон Абазбековдун айтымында 7-январда «Сентябрдын»
көрсөтүүлөрдү таркатуучу жабдуулары коюлган жерге номердик белгиси жок авотунаа менен барган адамдар кызматчыларга мылтык кезешкен. Өздөрүн облбийликтин кызматкери деп атаган камуфляжчан кишилер тиешелүү документтерин көрсөтө алган эмес:

- Белгисиз эки комуфляжчан адам “Нива” автоунаасы менен “Сентябрь” телесинин телемунарасына чыгып кароолчуларды коркутушкан. Мылтык кездешти, уят сөздөрдү, обладминистрациядан келдик деп айтышкан.

Телеканалга «Реформа үчүн» кыймылы Бишкекте митинг өткөргөн чакта да кол салуу болгон. Анын айынан материалдык зор чыгым тарткан сыналгы бир ай бою обого чыкпай калган:

- Биздин кымбат баалуу передатчикти уурдап кетишкен. Бизди үзгүлтүккө учуратыш үчүн болуп атат окшойт. Бирок, биз эркин телебиз. Биз андай чоң саясатка аралашпайбыз.

Облустук бийликтин жекшембидеги окуяга тиешеси жок. Аппарат башчы Таалайбек Энназаровдун жообу боюнча ал күнү облбийликтин кызматкерлери эч кайда жиберилген эмес:

- Саат 19-00дөн саат 20-00 чейин канча адам иштесек толугу менен губернатордун аппараттык кеңешмесинде отурдук. Ал жерге эч ким жиберген эмес, муну мен толук ишендирип кетем.

«Ата мекен» партиясынан алынган маалыматтар боюнча уюмдун мүчөлөрүнө жер-жерлерде кысым көрсөтүүлөр жана коркутуп-үркүтүүлөр такай болуп жатат. Депутат Ө.Текебаевге жан тартпай, анын партиясынан чыгууга чакырган карыялардын кысымына чыдабай, саясий уюмдун Базаркоргондогу мүчөсү жашаган жерин убактылуу өзгөртүүгө аргасыз болгон.

Экс-спикер Ө.Текебаев «Аук» айлындагы шайлоочулары менен жолугушуп кеткенден кийин уюмдун бир мүчөсү жалган жалаа менен райондук ички иштер бөлүмүндө эки саат кармалган. Ал тууралу партиянын өкүлү Ильич Нарматов билдирди:

- Көчөров Максаттка жалган жалаа жабышкан. Бир аялдын оозэки арызы менен менин пальтомдун топчусун жыртып койду деген маанидеги арызы менен бул баланы эки саат кыйнап кармап отурушкан.

Анткени менен аталган окуялар тартип коргоо уюмдарында катталган эмес. Ички иштер башкармасынын маалымат кызматынын жетекчиси Жылдыз Табалдиева партиянын жогоркудай маалыматтарын төгүнгө чыгарды:

- Биз бул иш боюнча Жалалабат облусунун бардык ички иштер бөлүмдөрүнөн карап чыктык, эч кандай факт катталган эмес, бул боюнча эч ким арыз менен кайрылган эмес, - деди Жылдыз Табалдиева.

10- ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

1636-жылдын 10-январында ай жаңырып, бу күнү кыргыздардын он эки уруу башчылары Балх өкүмдарынын ордосуна келишкен. Батыш Сибирь Аскер-губернатору кыргыздын бугу уруусунун өкүлүнө улук манап мансабын ыйгаруу маселеси менен Аскер министрине кайрылган.

Кыргыз жана калмак каршылаштыгы айынан Алай жана Каратегинге сүрүлгөн кыргыз уруулары XVIII кылымдын биринчи жарымында Гиссарга келип жайланышкан. Мусулман авторлорунун жазганына караганда 1636-жылдын 10-январында ай жаңырып, бу күнү кыргыздардын он эки уруу башчылары Балх өкүмдарынын ордосуна келишкен. Аларды Хажим аталык-кытай коштоп, Надир-Мухаммед өкүмдардын кабыл алуусуна киргизген. Кыргыздар Балх өкүмдарына Гиссарда калып, ислам динин кабыл ала тургандыгын билдиришкен. Ыраазы болгон Надир-Мухаммед уруу башчыларына чапан жапкан.

Батыш Сибирь Аскер-губернатору А. О. Дюгамель 1867-жылдын 10-январында Аскер министри Д. А. Милютинге кыргыздын бугу уруусунун өкүлүнө улук манап мансабын ыйгаруу маселеси менен кайрылган. Кайрылууда кыргыз калкында манап мансабы жогорку бийлик титулу экендиги айтылып, анын кадыр-баркы жогору турары белгиленет. Бугу уруу өкүлүнө улук манап мансабын ыйгаруу жолу менен аларга таасир тийгизип, ийкемдүү башкарууга амал табылаары айтылат.

Шабдан баатырдын империяга өтөгөн кызматы жана Түркстан аймагын өздөштүрүүдө сиңирген эмгегин эске алган орус бийлиги ага Сарыбагыш волостунан сугат жана кайрак жер бөлүп берүүнү туура тапкан.

Түркстан генерал-губернатору Аскер министрине милициянын аскер старшинасы Шабдан Жантаевге жер бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылып, Өтүнүч кат 1905-жылдын 10-январында Жер иштетүү министрлигине жолдонгон.

Кыргыз Автономиялык областынын VII партиялык конференциясы 1934-жылдын 10-январында ишин баштады. Конференцияда обком партиянын жылдык отчету угулуп, Автономиялык областтын бир жыл ичинде жумшалган акча каражат чыгым тегерегинде областтык ревизиялык комиссия отчет берди. Мындан тышкары, мал чарбасын өнүктүрүү жана анын өндүрүш базасын куруу сыяктуу маселелер каралган.

Бу күнү, б. з. ч. 49-жылы Гай Юлий Цезарь Рубикон дарыясын кечип өтүп, өлкөдөгү граждандык согушка жол ачып, 1573-жылы немец астроному, Андромеда туманын байкаган Симон Матиус, 1883-жылы жазуучу Алексей Толстой, 1936-жылы америкалык радиоастроном, Нобель сыйлыгынын лауреаты Роберт Уильсон, 1913-жылы Социалисттик эмгектин баатыры Көкөбай Мамбеталиев, 1929-жылы жазуучу Акматбек Солтобаев жарык дүйнөгө келген.

ОППОЗИЦИЯДАГЫ САЯСАТЧЫГА КАРШЫ ЧАГЫМЧЫЛ АРАКЕТПИ?

Кыргызстандагы оппозициячыл саясатчыларга каршы чагымчыл аракеттер күчөдү. «Реформа үчүн!» кыймылынын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Темир Сариев менен Өмүрбек Текебаев бүгүн ушундай билдирүү жасашты. Билдирүүгө Бишкек-Стамбул сапарына чыккан депутат Темир Сариевден жашыруун алып чыгып бараткан жүз миң доллар табылгандыгы жана депутат Өмүрбек Текебаевдин атынан экс-президенттин дарегине жазылган каттын таратылышы негиз болду.

Бишкек-Стамбул аба каттамы менен кетип бараткан Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев Кыргызстандан жүз миң долларды уруксатсыз чыгарып бараткан жеринен кармалгандыгы тууралуу шейшембиде түшкө чейин маалымат тараган болчу. Депутат өзү муну дароо төгүндөп, бийликтин жасаган кезектеги чагымы катары чечмеледи.

Депутаттын айтымында, анда жүз миң эмес, он миң доллар болгон. 100 миң доллары бар экен деген маалыматты атайын кызматтар депутаттын сөзү боюнча гана текшербей туруп, документке түшүрүшкөн:

- Туура эмес иштерге барарын билип туруп атайын айттым. Анткени, алар менин аброюма, жеке кызыкчылыгыма доо кетирип жатышпайбы. Атайын тосмодон өткөрүп жиберип туруп, ага укугу жок болсо да эшиктен мени кайра токтотуп атышат. Мен алар менен мушташкым келген жок. Мүмкүн алар ошону каалашты.

Депутат Сариев Коопсуздук кызматкерлери атайын аңдуу жүргүзүп, Конституция баштаган бир катар мыйзам бузууларга барды деп эсептейт. Депутаттын айтымында, анын ысымын каралоо максатында буга чейин көп жолу аракеттер болгон, буга анын саясий ишмердүүлүгү, президент Бакиев башында турган азыркы бийликке каршы айтылган кескин сын пикирлер себепкер.

Мындай пикирин ушул эле күнү «Реформа үчүн» кыймылынын теңтөрагасы, депутат Өмүрбек Текебаев да билдирди. Аялдардан түзүлгөн чагымчыл топтор депутаттын Базаркоргон районундагы шайлоочулары менен акыркы үч күндө өткөн жолугушууларын үзгүлтүккө учуратуу үчүн ар кыл аракеттерди уюштурушкан, буга милиция колдоо көрсөткөн.

Мындан тышкары депутат Базаркоргондо жүргөн маалда анын 27-июлда экс-президент Аскар Акаевдин дарегине жолдонгон каты таратылган:

- Бул эми примитивдүү провокация деп эсептейм. Менин жолугушууларымдын учурунда менин колум менен жазылганга окшотуп жазылган Аскар акаевдин наамына кат таратылды. Ал катта мен Аскар Акаевден он миллион доллар сурап жатам. Он миллон доллар күздө өткөрүүчү митингди уюштуруу үчүн керек деп айтылган. Бул өтө примитивдүү деңгээлдеги, алыскы айылдарда жашап, алдыңкы технологияларды билбеген адамдарга арналган. Балким алардын арасында буга ишенгендер дагы чыгат.

Текебаевдин болжолунда чагымды уюштуруучулар оппозициячыл саясатчыларды каралоо максатында ушундай ыплас иштерге барып жатат, мындан бийлик утпайт, тескерисинче, коомдо бийликке ишенбөөчүлүк пайда болот.

Оппозициячыл депутаттар тарабынан удаа жасалган бул билдирүүлөргө бийлик жооп кайтара элек. Коопсуздук жана бажы кызматтары кандайдыр бир түшүндүрмө берүүнү каалашкан жок.

Текебаевге каршы Базаркоргондогу чагымдарды уюштурууга милициянын эч кандай тиешеси жок экенин райондук ички иштер кызмат башчысы Гусейн Алиев билдирди:

- Биз эки тарап урушуп кетпесин деп карап турдук, жардам бердик, тополоң чыкпасын деп. Кичине нааразылык болуп, кыйкырык-бакырык чыгып кетти кичине.

Ал эми башкы прокурордун маалымат катчысы Токтогул Какчекеевдин айтымында, эки депутатка байланыштуу же алардын атынан эч кандай арыз түшкөн жок.

"Реформа үчүн" кыймылына мүчө депутаттар Темир Сариев менен Өмүрбек Текебаев кандай жагдай болсо да даттануудан майнап чыкпайт деп эсептеп жатышат.

БАТКЕНДЕ ЖЕР ТИТИРӨӨНҮН КҮЧҮ ЖЕТИ БАЛЛГА ЖЕТТИ

9-январга караган түнү Баткен аймагында жер титирөө катталды. Жер силкинүүнүн очогу Баткен шаарынан 80 чакырым түштүк-батыш тараптагы Түркстан кырка тоолорунун Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен жеринде болуп, анын күчү Рихтер шкаласы боюнча 7 баллга жеткен. Жер титирөөнүн күчү Баткен, Сүлүктү, Исфана шаарларында 5-6 баллды, ал эми Катраң айылында 7 баллды түзгөн. Аймактын жашоочулары жер титирөөдөн анчейин жабыркаган жок. Муну Баткен коомчулугу 1977-жылдагы катуу жер титирөөдөн алынган сабак катары баалоодо. Ошол эле учурда зилзаланы элдин ыйманы азайып баратканда Кудайдын эске салуусу деген жоромол көз караштар айтылууда.

Учурда облустун район, шаарларында атайын комиссиялар түзүлүп, алар жер титирөөдөн кийинки абалды аныкташууда. Кырсыктан Баткен, Лейлек райондорунун жана Сүлүктү шаарынын жашоочулары зыян тартышты. Айрыкча турак-жай кыйроолору Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтүндө катталууда. Ал жерде жер титирөөнүн күчү 7 баллга чейин жеткен. Бул маалыматты Баткен облустук сейсмология бөлүмүнүн башчысы Бакир Кожомжаров “Азаттыкка” билдирди.

Калган калктуу отурумдарда турак жайлардын жаракка кеткендери гана байкалган. Бул дагы болсо Баткенде 1977-жылда катуу жер титирөөдөн кийинки сабактын натыйжасы дейт, Баткен облус губернаторунун орунбасары Акжол Мадалиев:

- Азыр облустук масштабда ар бир айыл өкмөттө, ар бир райондо штабдар түзүлгөн. Аларга тапшырмалар берилип, комиссия анализдөө мониторинг өткөрүп жатат. Өзүңүздөргө маалым 1977-жылы Баткенде катуу жер титирөө болуп, ошондо сынч үйлөр гана калып, көбүнчө урма, сокмо дубалдар менен салынган үйлөр урап калган экен. Ошондон кийин элдер жыгач каркас, же сынч үйлөрдү кура баштаган. Мен ойлойм ошол сабак болгон. Ошол чоң пайда берди. Болбосо 5-6 балл оңой эмес.

Ошол эле учурда коомчулук арасында кырсыкты диний көз карашта талдагандар да бар.

- Биринчиден, биздин эл Кудайга жакын. Ал эми жер титирөө, суу ташкындоо бул Кудай тааланын буйругу. Намазымды жакшы окуюн, Кудайдан тилек кылайын, жакшыраак болойун деш керек. Бул да болсо Кудай талаанын нышабы, көрсөткөн нерсеси деп түшүнүп атышат. Бул биздин адамдардын ички дүйнөсүн Кудай таалама жакындап кароо менен чечсе болот, - деди Баткен шаарынын тургуну Жээнбек Келдибаев.

СУЛУУЛУКТУН БААСЫ КАНЧА ТУРАТ?

Айгүл Жунушалиева, Бишкек Аялзаты өз сулуулугун арттыруу үчүн эмнеге гана барбайт. Косметикалык каражаттардын түрлөрүн колдонуп, сулуулук салондоруна барып, аэробика, шейпинг менен машыгып, жада калса пластикалык операция жасатышууда. Албетте, мунун баары каражатты талап кылат. Ал эми мыкты өң келбеттин ээси болуп, өз сулуулугун арттыруу үчүн аялзаты канча каражат сарптайт?

Ар кыл косметикалык каражаттарды сатып алуу, косметолог, чач тарач, визажистин кызматын колдонуу үчүн айрымдар 200-300 сом коротсо, башкалар 200 доллардан кем эмес каражат жумшайт.

- Чач тарачка айына бир жолу барам, жумасына бир жолу макияж жасатам. Жума сайын маникюр, педикюрга баруу керек. Мунун баарына бир айда 100 доллардан ашыгыраак акча кетет,- дейт Чынара аттуу бийкеч.

Аялзаты каражатынын көбүн косметикага жумшайт. Ар кыл бет май, көз, ооз боек, скраб, шампунь, түрдүү маскалар, айтор мунун баарына акчанын көп бөлүгү коройт.

Студентка Айгеримдин айтымында, ал өң келбетине бир айда 1000 сомдун тегерегинде каражат жумшайт: -Чач кырктырам, маникюр жасатам. Анан майрамдарга жакын өзүм үчүн да майрам кылып, сулуулук салонуна барып келем.

Аялзатынын көбү үй шартында колдонуучу косметикадан тышкары сулуулук салондоруна барып турушат.”Жылдыз” салонунун администратору Ирина Брошконун айтымында акыркы мезгилде мындай жайлардын кызматын колдонгондордун саны кыйла көбөйдү.

- Өзүнүн өң келбетине канааттанбагандардын 80 пайызы кыздар. Андыктан биздин салонго көбүнесе жаш кыздар көп келишет. Бир келгенде 300 сомдон 1000 сомго чейин акча сарпташат. Ал эми айымдар беттин бырыштарынан арылып, жашарсам деген ойдо биздин кызматкерлерге кайрылат. Бул максатка жетүү үчүн алар косметологго 500 сомдон 4000-5000 сомго чейин берүүгө даяр. Ал эми биз, албетте, атайын каражаттардын жардамы менен айымдардын өң келбетин жакшыртууга аракеттенебиз,- деп айтат Ирина Брошко.

Ар бир бурчта ачылган сулуулук салондорундагы баалар ар кандай. Мисалы, жөнөкөй эле маникюр бир жайда 60 сом болсо, абройлуу башка салондо 250 сом болушу мүмкүн.

Акыркы жылдары салондордо солярий, турпатты коррекциялоо, спа өңдүү кызматтар көрсөтүлө баштады. Бирок, буларга капчыгы калыңдар гана жете алат, дейт “Парадиз” салонунун директору Ольга Стогина:

- Спа менен турпатты коррекциялоонун баасы кымбат. Спа – элитага арналган комплекс десе болот. Анткени, аны колдонгондор көп иштеп, бирок ошону менен бирге көп акча тапкандар. Албетте, аларга кандайдыр бир эс алуу керек. Ошондуктан алар спага келишет. Бир жолку эле процедуранын баасы 1500 сом. Албетте бул кымбат.

Албетте, аялзатынын бардыгынын эле косметика алууга же атайын салондордун кызматынан пайдаланууга мүмкүнчүлүгү жете бербейт. Андыктан, косметолог Алина Малиева эч кандай чыгымдарсыз сулуулукту сактап калуу жолу менен бөлүшөт.

- Эртең менен турганда эле кыздар: “Мен сулуумун, менин ден соолугум чың, бүгүнкү күн мага көп кубанычтарды тартуулайт”,- деп айтуулары керек. Албетте, бул күлкүлүү угулушу мүмкүн, бирок бул ыкма эң жөнөкөй жана эффективдүү. Ар кыл косметикалык каражаттарга чыгым болууну каалабасаңыздар, менин кеңешимдин сизге кереги тиет. Иши кылып негативдүү энергиядан арылып, көңүлүңүздү чөктүрбөгөнгө аракет кылсаңыз эле сулуулукту сактай аласыз.

ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ, ЭСКИ КОНСТИТУЦИЯ, ЭСКИ-ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ

Өткөн жылдын 30-декабрында парламентте кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясында адам укугу одоно бузулган. Ага ушул турушунда президент кол койбошу керек. Айрым укукчу адистердин пикиринде, Конституциялык соттун ишине ичи чыкпаган депутаттар жарандардын укугун чектеген Башмыйзам кабыл алып коюшкан.

Белгилүү адвокат Нина Зотованын ырасташынча, өткөн жылдын 8-ноябрында деле жаңы Конституция мыйзамдык эреже-тартиптерди бузуу менен кабыл алынган. Бирок анда мурдагы Башмыйзамдардан айырмаланып соттордун өкүмү менен чечиминин туура эместигин укуктук негизде коргоо мүмкүнчүлүгү белгиленген.

Ал эми 30-декабрдагы Конституциянын жаңы редакциясы Конституциялык соттун корутундусу жок, мыйзам долбоорунун парламентте каралыш убактысы так сакталбай, апачык мыйзам бузуулар менен кабыл алынды. Жогорку Кеңеште мындай иштер болуп атканда башкалардан эмнени күтүүгө болот, дейт Н.Зотова.

- Конституциянын жаңы редакциясы адам укугу менен эркиндигин чектөө жагынан бир нече кадам артка кеткенди билдирет… Биздин сот менен мамлекеттик органдардын мыйзамды колдонуу боюнча кетирген жаңылыштыктарын Конституциялык сотко кайрылып түзөтүп алуу мүмкүнчүлүгүбүздү алып коюшту. Иштеп аткан жаңы Конституциядагы жакшы жобо ушул болчу.

Адвокаттын айтуусунда, шектүү делген адамды мыйзам сактоо органдарынын 48 саат бою кармап турушу коррупцияга гана жол ачат. Ал эми «Жарандар коррупцияга каршы» укуктук борборунун кызматкери Лира Исмаилова укуктук чектөөнүн салакасын атууга өкүм кылынгандар тартууда деген пикирде.

- Жаңы Конституциядагы норма алынып салынганын, Конституциялык соттун ишти кайра карай албастыгын, Жогорку соттун чечими кайра даттанууга жатпастыгын көргөндөн кийин адамдар өз укугун сактоо үмүтүнөн ажырайт,- дейт Л.Исмаилова.

Укукчу адис Айнура Чолпонкулова кыргызстандыктар Конституциялык сотко кайрыла албаганы менен, эларалык уюмдарга даттана алышы дурус дегидей жышаан экенин, бирок да ага чейин толгон-токой соттук териштирүүлөрдөн өтүү түйшүгү ортодо турганын айтты.

- Жарандардын Конституциялык сотко кайрылуу укугу алынып ташталып, эларалык уюмдарга кайрылуу укугу белгиленген. Бул жерде эч кандай логика жок.

Журналист Татьяна Попованын ырасташынча, адам укугу боюнча маанилүү жобонун улам-улам өзгөрүлгөн Башмыйзамдан алынып салынышына таң калуунун кажаты жок.

- Бул жагынан биз дүйнөдөгү жападан-жалгыз өлкөбүз,- дейт Т.Попова.

Жаңы редакцияга президент кол коебу же жокпу деп ушу тапта элдин баары күтүп турат.

ЭЛЕКТР ЭМНЕГЕ КЫШЫНДА КӨП ӨЧӨТ?

Кыргызстанда кыштын күнү электр кубатын керектөө кескин көбөйөт. Трансформаторлор бузулуп, электр кубаты жетпей, айрым айылдар суук менен караңгыда калган калган учурлар көп болчу эле. Быйылкы кышта мындай кыйынчылыктар кандай чечилип жатат. Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын статс-катчысы Батыркул Баетов мына ушул маселенин айланасында “Азаттык” менен маектешкен.

- Кабарыңыз барбы, өткөн түнү өлкөнүн түштүгүндө жер титирөө катталды. Тажикстан менен Кыргызстандын чектешкен тоо кыркаларында орун алганы айтылууда. Рихтер шкаласы менен 6 балл делет. Өткөндөгү Кочкордогу жер титирөө учурунда электр энергиясы менен камсыздоо иши үзгүлтүккө учураган эле. Баткенде ошондой жагдай кайталанган жокпу, сиздин кабарыңыз жокпу азырынча?

- Бул түндө болгондуктан мен азыр эле “Азаттыктан” уктум. Өткөндө трансформатор подстанциянын түбүнө келген проводдор үзүлгөн болчу. Анда чоңураак болгон да. Азыр биз ойлоп атабыз аварияла азыраак болуш керек.

- Кыш айларында адаттагыдай эле электр энергиясын өлкө боюнча керектөөнүн суткалык көлөмү өсүп жатат да туурабы?

- Ооба. Азыр суткасына 61 миллион саатка чейин жетти. Былтыр 63 миллион киловатт саатка чейин барган.

- Шаарларда жагдай башкачараак, ал эми айылдарда электр кубатын режим менен берүү иши практикалануудабы азыр?

- Жок, бизде андай болбойт. Бизде эки эле өчүрүү түрү бар. Биринчиси, авария болгондо өчүрүлөт, экинчиси- чоң трансформатордук подстанцияларда перегрузка болгондо өзүнөн өзү өчөт. Үчүнчүдөн, кичинекей трансформаторлордо жучкалар турат, алар күйүп кеткенде өчүрүлүшү мүмкүн. Түндө элдин баары электр кубатына жабылат эмеспи, отоплениеге түз илип алганда транформатор подстанциялар жанагыдай акыбалга туш келет.

- Демек илип алуу коммерциялык техникалык жоготууларына, сөздүн ачыгын айтканда, уурдоолордун көлөмү да кыштын келиши менен көбөйдү да, туурабы?

- Албетте, азыр коммерциялык жоготуу 21 пайызга чейин чыгып атат. Техникалык жоготуу да 21 пайызга чейин чыгып атат. Бирок, негизинен 11 айдыкы 37 пайыз менен жабылды официалдуу түрдө. Бул былтыркыга салыштырмалуу 2 пайыз жоготуу азайды деген сөз.

- Сиздер айтып жүрөсүздөр өлкө боюнча абоненттердин саны 1 млн. 100 миңдин тегерегинде деп. Ордону жоюунун аргасы катары электрондук эсептегичтерди коюу пландалып жатпады беле. Ошол иш бир аз жылдыбы. Ошондой эсептегичке канча пайызы ээ болуп калды?

- Чет өлкөлүктөрдөн болгон гранттардын негизинде электрондук счетчиктерди, биринчиден, коммерциялык структуралар көп колдонот, экинчиден абоненттерге да коюлуп жатат. Бирок бул көп чыгымды талап кылган нерсе. Ошон үчүн бизге былтыркы жылдары 45 миңге чейин кишиде счетчик жок болчу, газда болсо 28 миң кишинин счетчиги жок. Биз каалагандай темпте эмес, бирок коюлуп атат.

- Эми алдыда жаңы өкмөттүн курамы түзүлүшү керек. Ошондо күтүлүп жаткан жаңылыктардын бири энергетика министрлигин өзүнчө уюштуруу болуп калышы да мүмкүн деген маалыматтар бар. Эгер андай министрлик уюштурулса, сиздердин инспекция ошонун курамына кирип атабы. Кандай маалыматыңыз бар ушул багытта?

- Өткөндө бир берилген структурада биздин инспекция өз алдынча болуп өкмөттүн алдында калган. Анан кийин кандай чечилет ал белгисиз. Жалаң энергетика министрлик болобу, же башка бир тармакка берилип кетеби, ал да белгисиз бүгүнкү күндө. Ал биринчиден өкмөт бере турган долбоорго, экинчиден депутаттардын чечимине жараша болот. Бирок, биздин каалаганыбыз энергетика министррлик өзүнчө болсо жакшы болмок. Тармака жооп бере турган мамлекеттик орган пайда болмок. Көп жылдан бери айтып келатабыз.

- Электр энергиясына болгон тарифтер демек кышкы сезон аяктагыча кымбаттабаары бул турган иш, же кымбаттап кетиши да мүмкүнбү?

- Албетте, бул жерде эч кандай өзгөрүү болбойт. Чынында муну антимонопольный агенттик коет. Бирок, тариф өзгөрбөйт го деп турабыз.

Маектешкен Улан Эшматов, Прага

БАТКЕНДЕ ЖЕР ТИТИРЕДИ

Өлкөнүн түштүгүндө Баткен облусунун аймагында өткөн түнү жер титирөө катталды. Бул ирет анын очогу кыргыз-тажик чегарасындагы тоо кыркаларынан орун алып, күчү Рихтер шкаласы менен 6 баллды түзгөн. Бишкек убактысы боюнча түнкү саат он бирден жыйырма мүнөт өткөндө катталган жер титирөөнүн кесепеттери тууралуу азырынча так маалыматтар жок. Өзгөчө кырдаалдар министринин орунбасары Бакирдин Жолчиевге биз Бишкек убактысы боюнча таңга маал саат 4 жарымдарда кайрылганыбызда, ал бизге төмөнкүлөрдү билдирди.

- 8-январь күнү жергиликтүү убакыт менен түнкү саат 11ден 21 мүнөт өткөндө Баткен облусунун Тажикстан менен Кыргызстандын чегара ортосунда тоо кыркаларынын аймагында - Баткен шаарынан 90 км. түштүк батышка, Сүлүктү шаарынан 60 км. түштүк чыгышка, Оштон 260 км. аймакта 12 баллдык шкала менен алганда 6 баллдын тегерегинде жер титирөө катталды.

Сүлүктү шаарынын Лейлек районундагы МЧСтин бөлүмдөрүнүн башчылары Мусуралиев жана Тагаевдин, Лейлек районунун акими Шайназаров Кубанычбектин, Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын отрядынын күзөтчүсү Сатыбалдиевдин, Тажикстандын Согду облусунун, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин отрядчы күзөтчүсү Машыраповдун маалыматтары боюнча өтө чоң кыйроолор катталган эмес. Бирок бул түнкү маалымат.

Ошол эле убакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түштүктөгү башкармалыгынын бардык контингенти аскер бөлүктөрү даярдыктан өткөн сактоочулар борборлору, тоо кен өндүрүшүндөгү сактоочулар, өрт өчүрүүчүлөр жана башка биздин бардык кызматтарыбыздын барын түнкү саат 3тө атайын буйрук менен өзгөчө кырдаалдар режимине өткөрдүк.

Түнкү саат эки жарымда Баткен шаарчасынан атайын топ уюштурулуп, унаа менен эпицентрге жакын аймактарга чыгып кетишти. Азыркы убакта жер-жерлерде болуп өткөн жер титирөөнүн кесепеттери жана кандай болду экен, эл-журт өзүн кандай сезип атты экен, кандай кошумча чаралар керек экендигин билүү максатында түнкү штаб МЧСте жана Ошто иштеп атышат.

- Баткендин өзүндө жана облустун башка шаарларында жер титирөөнүн кубаты байкалдыбы?

- Эпицентирде 7-8 балл 12 баллдык шкала менен. Баткен, Сүлүктүдө 5-6 балл, Кызылкыя менен Дарооткоргондо 5 балл, Ошто 4-4,5 балл катталды.

- Жер титирөөдөн олуттуу зыян келтирилгени жөнүндө маалымат болсо өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистешкен отряддары Баткен облусуна бүгүн эле жетип барабы?

- Түнкү саат үчтө министрлик ошондой чечим кабыл алды. Түштүктө бригада, Баткенде сактоочулардан турган аскер бөлүгү, андан башка тоо кен өндүрүшүндө атайын сактоочулардын батальону бар. Биздин акыркы реформага ылайык өрт өчүргүчтөрдүн статусун өзгөртүп мамлекеттик өрттөн жана кыйроолордон сактоочу кызмат деп атайын түзүүнүн үстүндө иштеп атканбыз. Жер-жерлердеги бардык МЧСке тиешелүү кызматтын баары түштүк зонасындагы кызматка чакырылды түнү менен. Алар даяр турушат. Зарылчылык болгон болсо биринчи сигнал боюнча сөзсүз түрдө жетип барганга биздин мобилдүү даярдыгыбыз бар.

Маекти кабарчыбыз Амирбек Азам уулу уюштурган.

ПРЕМЬЕРИ…ДА, ПРЕЗИДЕНТИ ДА ПАРА АЛБАГАН, АЛГЫСЫ ДА КЕЛБЕГЕН ӨЛКӨДӨ

Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Феликс Куловдун ушул сөзүн келтирген «МСН» гезити, атаганат, алар менен үзөнгүлөш иштешип келаткан Кыргызстандын бардык деңгээлдеги атка минерлери ушинтип параны көргөндө жүрөктөрү айнып, кузгусу келип турса кандай гана керемет болор эле, тилекке каршы андай болбой жатпайбы, деп жазды. Анан андай болбой жатканын, коррупциянын болуп-көрбөгөндөй тамыр жайышын, башсыз-бутсуз чарбасыздыкты, казынаны көз көрүнөө талап-тономойду көрүп туруп, колунда мыдыры жок караламан элди тышкы карыздан кутулуу үчүн акча жыйнайлы деген чакырык курулай утопия болбогондо эмне болмок эле, дейт гезит. Анткени көрдүйнө көпөсү болгондордун арбын бөлүгү эч качан бергенге эмес, жалаң алганга гана көнүп бүтүшкөн, алар алтургай өзүн, өз үйбүлөсүн жылытып жаткан үчүн хансарайларында жаккан электр энергиянын мыйзамдуу акысн төлөгөндөн качышат. Алар бардыгын бекер, бардыгын уурдап-тоноп алгылары келишет. Анан кайдагы патриоттулук! Аларга ХИПИКти көргөзсөң эле намыстын туусун булгалап, заматта Мекенчил болуп тура калары, үч уктасаң түшкө кирбей турган окуя, дейт «МСН».

«Жолоочу, жолго чыкпай тур!» деп эскертти, бүгүнкү «Кыргыз туусу» гезити аркылуу Кыргыз республикасынын миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстандын жарандарына кайрылган билдирүүсүндө. Анткени, келаткан 15-январдан тартып, Орусия Федерациясы чет өлкөлүк жарандарды каттоонун жана эсепке алуунун жаңы тартибин күчүнө киргизет, ошондуктан башка өлкөдөн бакыт издеп жолго чыгардан мурда миграция иштери менен алектенген аткаруу бийлигинин жер-жердеги органдарына кайрылып, кандай документтер зарылдыгын тактап алганыңыз оң болот, дейт гезит.

Элеттик окурмандардын каттарын жарыялаган «Эркин тоо» гезити, түштүктө тыт жыгачтарын кайра калыбына келтирип, пиллачылыкты өнүктүрүү зарылдыгын, обужок шаан-шөкөттөрдү токтотуу менен ага кеткен ыгым-чыгымдарды тышкы карыздан кутулуу үчүн топтоо керектигин белгилейт. Дагы бир катта мамлекеттик Гимндин сабындагы «бейкуттук» деген сөз түштүктө «кутсуз» деген түшүнүктү берерин, ошондуктан ырдын бул сабын кайра карап чыгып, куттуу деген сөз менен алмаштыруу сунушу айтылат.

Жандүйнө гүлазыгы болгон адабий чыгармалар көп жылдардан бери саясаттын далдасында кала бергенине карабай Кыргызстанда эки жылдан бери жарык талаша чыгып келаткан «Адабий Ала Тоо» гезити бар. Мына ушул гезиттин жаңы санында жазуучу Самсак Станалиевдин аты эле айтып тургандай «Азыр эмне кыйын? Китеп жазуубу же көркөм чыгарма жаратуубу? деген, философ Койчуке Канаевдин «Олуячылыктын озуйпасы же Казат Акматовдун «Архат» чыгармасынан чыккан ойшилтемдер» аттуу макалалары, баяндар, ырлар, адабий изилдөөлөрдөн үзүндүлөр басылган.

ЖАҢЫ ЖЫЛДАН ТАРТА ГАЗ КЫМБАТТАДЫ

Жаңы жылдан тарта Кыргызстанда газ баасы дээрлик эки эсеге кымбаттады. Өзбекстандан келчү табигый газдын 1000 кубметри 100 долларга чыгып, анын кардарларга сатылчу баасы да көтөрүлдү. Бул өз кезегинде артынан башка баалардын, айталы, курулуш материалдарынын баасынын да кескин өсүшүн шарттайт.

Кыргызстан кыйла жылдардан бери Өзбекстан менен газ тууралуу келишимге кол кое элек болчу. Казакстанга кетип аткан «табигый отунду» ортодон бөлүп алып кыштын кыраан чилдесинен кыйналбай чыгып келген.

- Өзбекстан менен биз үчүн ыңгайлуу контракт түзүүгө жетиштик. Кыргызстанга 100 доллардан бермей болду. Анан да беш жылдан бери биздин газ боюнча контрагыбыз жок эле,- деп газ баасы кымбаттарын 1-вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов өткөн жылы эле кабарлаган.

Ал арада үч жыл Өзбекстан жайкысын Кыргызстандын электр энергиясын албай, ортодо биртoп экономикалык проблемалар келип чыккан. Дыйканчылык башталганы арбын агызыла баштаган суудан иштелип чыккан электр энергиясын Өзбекстан албай койгондон кийин Кыргызстан кыйла эле чыгым тартканы да белгилүү. Газ менен суудан чыккан талаштуу маселе ошентип өткөн жылы чечилди. Бирок да кыргызстандыктар эми газ үчүн арбын акча төлөшкө мажбур.

- 1-январдан тарта Өзбекстандан газ 100 доллардан келе баштады. Демек, биз аны жаңы жылдан тарта жаңы баа боюнча сата баштайбыз. Монополияга каршы комитеттин токтому боюнча тарифтер аныкталган. Ал эми тарифтер болсо ай сайын доллардын сомго карата катышы боюнча эсептелинет. Катышы төмөн болсо баасы да төмөн. Жаңы жылдан тарта Кыргызстандын түштүгү үчүн 1 кубометр газдын баасы 5 сом 14 тыйын, түндүк үчүн 5 сом 48 тыйындан,- деп маалымдады «Кыргызгаз» акционердик коомунун бөлүм башчысы Лариса Семенченко.

Мурдагы 1 кубометри 3 сом 70 тыйындык газдын баасы эми 5 сом 50 тыйынга көтөрүлөт. Баанын антип кескин өсүшү, албетте, Өзбекстандан келген газга байланган Токмоктогу айнек чыгаруучу «Интерглас». Канттагы цемент-шифер комбинатынын, Майлусуудагы электрлампалары заводдорунун чыгарган продукциянын өздүк наркынын көтөрүлүшүнө алып келери турган иш.

Эгер газдын баасы жыл санап ушинтип көбөйө берген турган болсо аны пайдалануучу ири ишканалар энергиянын башка түрүн издешке мажбур болорун кыйладан бери айтып келатышат.

Бишкектик Зулмухар Абдыкадырованын ырасташынча, энергиянын бардык түрлөрүнө баа жылдан-жылга көтөрүлүп эле баратат.

- Газ эле эмес, башка нерселер да кымбаттоодо,- дейт ал.

Бишкек тургуну Чынара болсо газ кымбаттап, көмүргө күн түшүп жатканына капа.

- Көмүрүң деле ушундай, апкелесиң, машинеге төлөйсүң. Үйдүн баарын ыш кыласың, кара болот, сасыйт.

Газ демекчи, Өзбекстан «көгүлтүр отундун» баасын жыл санап көбөйтүп жатышынан чочулаган Кыргызстан кыйла жылдардан бери жылуулукту электр энергиясына өткөрүү жөнүндө кыялга батып келет. Бирок да бул жаатта, эскилиги жеткен электр жабдууларын жаңысына алмаштыруу иши, кечеңдегенден-кечеңдөөдө.

ШЕРИКТЕШТЕР КУБОГУНА “ДОРДОЙ-ДИНАМО” КОМАНДАСЫ БАРАТ

Кабыл Макеш, Бишкек Ар жыл сайын футболдон Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондорунун кубогу Москвада январь айында өткөрүлүп жүрөт. 18-январда Шериктештер кубогунда Кыргызстандын намысын коргоо үчүн Нарындын “Дордой- Динамо” командасы аттанып кетет. Быйыл алардын атаандаштары кимдер болмокчу?

Быйыл да чемпондугун үчүнчү ирет сактап калган Нарындын «Дордой- Динамо» командасы Шериктештер кубогунда биринчи беттешүүнү 20-январда Эстониянын чемпиону «Левадия» командасы менен өткөрөт. Экинчи оюн 21-январда Молдованын чемпиону «Шериф» командасы менен болмокчу. «Дордой- Динамо» командасынын чечүүчү таймашы 23-январда Азербайжандын былтыркы чемпиону «Баку» командасы менен болмокчу. Мына ушул атаандаштарын жеңсе гана чейрек финалга катышууга укук алат.

Москвага аттанаар алдында «Дордой-Динамо» командасынын жарым коргоочу жана чабуулчулары менен байланышканыбызда, таймашуулар курч болоорун, айрыкча эстониялыктар күчтүү экенин айтышты.

Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор кубогуна Нарындын «Дордой- Динамо» командасы кандай даярдык көрүп жаткандыгы тууралуу команданын капитаны Руслан Сыдыков мындай деди:

-«Көкжардагы» жасалма кыртыштуу футбол талаасы кар алдында калып, муз болгондуктан машыгуу үзгүлтүккө учурады. 2 күндөн бери гана толук машыгууга мүмкүндүк болуп, жасалма кыртыштуу талаада оюн өткөрдүк. Москвада дагы мына ушундай жасалма футбол аянтында таймашуулар болмокчу. Ошондуктан күнүгө 2 маал машыгуу өткөрүп, эс алуудан кийин жигиттерди табына келтирүү аракетинде болуп жатабыз. Москвада атаандаштардан апкаарыбай, колдон келишинче, алдын жетишинче ойнойбуз. Калганын мелдеш көрсөтөт.

Футболчулардын машыгуулары үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн команданын чабуулчусу Замир Жумагулов айтуу менен футболдун деңгээли өлкөнүн экономикалык абалына байланыштуу экендигин белгиледи:

- Аз убакыт калды. Машыгуулар үчүн бардык шарттарды түзүүгө жетекчилер аракет кылып жатышат. Биздин негизги аттаандаштардын чеберчилиги, деңгээли жогору. Кыргызстандагы экономикалык жагдай дагы футболго таасирин тийгизет.

Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор кубогуна катышкан Кыргызстандын командалары ар жыл сайын ири эсеп менен утулуп, уят болгонун өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов айтып, “быйыл да үмүттү «Дордой» командасы актай албайт го, себеби Европа аймагында ойногон атаандаштарга теңелүү кыйын” деди:

- Жок дегенде быйыл бир жолу тең чыгып келсе деп тилек кылып турабыз. Жыл сайын ири эсеп менен жеңилип келишип, ишенич акталбай келатат. Быйыл өз тобун утуп, чейрек финалга чыкса деген үмүт дагы акталбай калат го. Ушундай чоң мелдештерге катышып турса гана футболдук чеберчилик жогорулайт. Негизи футболго мамлекеттик деңгээлде жардам, колдоо керек.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов айтымында, өлкөдө футболду өнүктүрүү үчүн чемпионатты жакшы жолго коюп, деңгээлин жогорулатуу зарыл. Курч беттешүүлөрдүн жоктугу чеберчиликти аксатып турат. Ошондой эле ар бир облуста жок дегенде бирден команда болуусу шарт.

Тилекке каршы, Чүй, Бишкек, Оштун командалары менен чектелип, чыныгы кесипкөй 2-3 футбол клубу гана иштейт. Өкмөттүк денгээлде футболго көңүл бурулмайын, мамлекеттик колдоо болмойун өлкөдө футбол өнүкпөйт. Мыкты келечектүү жигиттер коңшу өлколөргө кетип кала бермекчи” дейт Бообек Кадыркулов.

Нарындын «Дордой- Динамо» командасынын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов негизги оюнчуларынан сырткары да башка командалардан кошумча футболчуларды катарына кабыл албаса дагы утулушу мүмкүн дешет спорт адистери.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1992-жылдан бери ФИФАга мүчө катары эл аралык мелдештерге катышып жүрөт. Ошондой эле он төрт жылдан бери өлкөнүн жеңүүчүлөрү Москвада өтүп жүргөн Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор кубогуна катышып келүүдө. Ушул жылдар аралыгындагы 42 беттешүүдө кыргызстандык футболчулар чеке жылытаарлык ийгилик жарата албай, бир да оюнда жеңишке жетишкен эмес. Төрт ирет тең чыгышкан. 38 жолу жеңилүү ызасын тартышты. Өлкөнүн чемпиону Нарындын «Дордой- Динамо» командасы Шериктештер кубогуна уч жолу катышып, өз тобунан алдыга чыга алган эмес.

9-ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Каракорум менен Керуленди жердеген 12 миң түтүн кыргыз 1636-жылдын 9-январында Гиссарга көчүп келген. Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири-Абдыкерим Сыдыковго карата козголгон тергөө иши 1934-жылдын 9-январында соңуна чыккан.

Кыргыз жана калмак каршылаштыгы XVIII кылымдын биринчи жарымында туу чокусуна жетип, кыргыз уруулары батышка сүрүлүп, алардын бир бөлүгү Алай жана Каратегинге жайгашышкан. Борбордук Азиянын ички райондорунан жер которгон кыргыздардын чоң тобу 1636-жылы Гиссардан орун алышкан. Орто кылым авторлорунун кабарлоосуна караганда Каракорум менен Керуленди жердеген 12 миң түтүн «кайырдин» кыргыздар Каратегин аркылуу өтүп, 1636-жылдын 9-январында Гиссарга келип орун алышкан.

1891-жылдын бу күндөрү жүргүзүлгөн каттого караганда Пишпектеги менчик үйлөрдүн саны өскөн. Орус адамдары жашаган кварталда 364, дунгандар жашаган көчөлөрдө 168 менчик үй орун алган. Бу жылы соода түйүндөрдүн саны биринчи жолу жүздөн ашып, шаардык бийлик кардарларды тейлөө шартын оңдоо туурасында сөз жүргүзүп баштаган.

Түркстан генерал-губернатордугу 1899-жылы Пишпек, Пржевальск жана башка уездерде жашаган кыргыз кыздарынын эрте турмушка чыгышына тыюу салды. Чөлкөмдүк администрация кыргыз кыздарынын турмушка чыгыш жашын 14 жаштан жогору болсун деп белгилеген.

Пишпек уездине караштуу 26 волосттун бийлик өкүлдөрү 1901-жылдын бу күнү жаш жеткинчектер үчүн мектеп-интернатты ачуу сунушу менен уезддик бийликке кайрылышкан. Жаш жеткинчектерге орус тилин өздөштүрүү келечеги үчүн керек болгондуктан, Пишпек шаарында 150 орундук орус тилиндеги мектеп-интернаттын ачылышы учур талабына жооп бермек. Волосттук бийлик өкүлдөрү жетишпеген каражатты түтүн башынан чогултуу сунушун киргизишкен.

Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири-Абдыкерим Сыдыков эл душманы деген жалган жалаа менен камалган соң, ОГПУ түрмөсүндө күнү-түнү уланган сурак иши башталган. Абдыкерим Сыдыковго Социал-Туран партиясынын ана башчысы, реакциячыл Алаш ордонун куруучусу деген күнөө коюлуп, НКВД тергөөчүлөрү 1933-жылдын 9-майында башталган ишти, 1934-жылдын 9-январында бүткөрүшкөн.

Бу күнү, немец хируругу, кан буугуч жана наркоз маскасын тапкан Фридрих Эсмарх, 1890-жылы чех жазуучусу Карел Чапек, 1922-жылы америкалык биохимик, Нобель сыйлыгынын лауреаты Хара Корана, 1923-жылы композитор Эдуард Колмановский жарык дүйнөгө келген.

КОЧКОР: ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ЖАБЫРКАГАНДАР ӨКМӨТКӨ НААРАЗЫ

Депутат Рахат Ирсалиев бүгүн парламентте Кочкордогу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюудагы өкмөттүн ишинде кемчилик көп экенин айтып, кескин сынга алды.

- Ушундай ааламат күндө өкмөт мүчөлөрүбүз 6-январга чейин жата бербей ушул айылдарга барып, жер-жерлерде элдин ал ахывалы менен таанышса болмок деп ойлойм,- деди Рахат Ирсалиев.

Депутаттын айтымында, өкмөт башчысы кырсык болгон жерге кечигип келгени жана өзгөчө кырдаалдар министри айылдарды тегиз кыдырбагандыгы эл арасында нааразылыкты пайда кылууда:

- Биринчи күндөрү нааразычылык билдирген жолугушууда эл менен чогуу жүрүп угуп, көрүп турдум. Ошол айылдын мектептеринин мугалимдери, үйлөрдү кароого келген бийлик өкүлдөрү кээ бир үйлөрдү карагыла- карабагыла, кээ бир үйлөрдү шашпай карагыла деген сыяктуу тапшырма алгандай мамиле кылышат деген сөздөрдү мага айтып жатышты. Же болбосо айылдагы жыйындарга барганда эмне үчүн бизге өкмөтүбүздүн мүчөлөрү, өкмөт башчыбыз бизге келбейт деген суроолорду беришет.

Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча өкмөт көрүп жаткан чаралар тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин пресс катчысы Алишер Ташматов «Азаттыкка» мындай деп билдирди:

- Өзгөчө кырдаалдар министири Жаныш Рустенбеков жер титирөө болгон күндүн эртеси эле президентке билдирер замат Кочкорго жөнөгөн. Ал ушул убакка чейин Кочкордо жүрүп, мурда күнү 6-январда гана келди. Азыркы маалда жабыркаган үйлөрдүн 70 пайызын кыдырып чыктык, ар бир үй башына бирден акт түздүк. Актынын негизинде иштелип чыккан маалыматка таянсак жер титирөө 18 жарым милилион сомдук чыгымга алып келген. Биздин министрилик жер титирөө болгондон тартып гуманитардык жардам берип келет. Буга чейин шифер, цемент, айнек жана башка курулуш материалдарын жөнөттүк. Бүгүнкү кунгө көрсөткөн жардамыбыз 1 миллион 812 миң сомду түздү. Ал эми өкмөт тарабынан 2 миллион 522 миң сом жардам көрсөтүлдү,-деди Алишер Ташматов.

Эдил Сапарбек уулу, Бишкек

ПАРЛАМЕНТ ПРЕЗИДЕНТТИН ЧЕЧИМИН КҮТҮП ЖАТАТ

Жогорку Кеңеш бүгүнкү сессиясында өкмөт сунуштаган мыйзамдарды январь айындагы күн тартибине киргизген жок. Бул өкмөттүн жаңы курамы бекий электиги менен негизделди. Учурда өкмөттүн курамы качан сунушталаары, Конституциянын 30-декабрда кабыл алынган жаңы редакциясына качан кол коюлары бүдөмүк бойдон турат. Парламенттин тагдырын чечүү максатында 30-декабрда башталган Коопсуздук кеңешинин отуруму ушул аптада уланары болжолдонду. Саясий күчтөр да президент баштаган аткаруу бийлигинин кезектеги жүрүшүн күтүү ыңгайында турушат.

Бир апталык тыныгуудан кайтып келген парламенттин алгачкы сессиясында саясий кырдаал тууралуу маселе көтөрүлгөн жок. Парламенттин бул күнкү иши январь айындагы күн тартибин талкуулап, танаписке чейин кабыл алуу менен чектелди. Кийинчерээк журналисттердин суроолоруна берген жообунда төрага Марат Султанов Жогорку Кеңеш карама-каршылыктуу маселелердин бардыгын Конституциянын жаңы редакциясы аркылуу чечти, ошондуктан, мындан ары жай-баракат иштөөгө толук негиз бар деп билдирди:

- Азыр эми сөз президенттен. Себеби, анча-мынча келишпестиктерге байланышкан бардык проблемаларды Жогорку Кеңеш четтетти.

Төрага Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын орус жана кыргыз тилдериндеги түп нускасын президенттин карамагына 31-декабрда жөнөткөн. Президент ага али кол кое элек, муну администрация президент таанышып жатат деп негиздөөдө. Марат Султановдун божомолунда, эгер, президент жакынкы күндөрү баш мыйзамга кол койсо, анын негизинде өкмөттүн жаңы курамын эки аптага чейин парламентке сунуштоо зарыл болуп калат. Ага жараша өкмөттүн жаңы курамы түзүлүп, туруктуу ыргакта иш башталат.

Анткен менен, саясий күчтөрдүн президентке ыктаган айрым бөлүгү 30-декабрда кабыл алынган баш мыйзамга кол коюлса, коюлбаса да шылтоосу менен парламентти таратууга кызыкдар.

Оппозициянын айрым өкүлдөрү бул механизм иштеп кетиш ыктымалдыгын айтып жүрүшөт. Президенттин айдаганы менен болуп жатат деп, төрага баштаган депутаттарды сынга алышууда. Жаңы демилгечилер, тескерисинче, мыйзамдык тоскоолдуктардан арылганын айтышып, муну президенттин эмес, учурдун талабы катары сыпатташууда.

Мындай пикирин журналисттерге Марат Султанов да билдирди:- Мисалы, мага эч ким кысым жасаган жок. Мага башында 41 депутат кайрылган. Үч айлык мөөнөт менен алалы десек, алар туура доомат коюшту: сегизинде ушундай жол менен алганбыз, эмне өзгөрдү? Эгер эртең үч миң киши алып келсек, андан эмне өзгөрөт? Ошон үчүн ачык турган жолду пайдаланып, анан жолду жаап коелу деген сунуш болду… Андай мүмкүнчүлүк бар деп мен да ойлодум, мен да колдоп бердим.

Баш мыйзам президенттин кысымы менен кабыл алынды дегендердин бири, Жогорку Кеңештин төрага орун басары, Социалисттик «Атамекен» партиясынын төрага орун басары Эркинбек Алымбеков Конституциянын жаңы редакциясына кол коюлса, президент парламентти таратууга эки мүмкүнчүлүк алат дейт:

- Ошол жол менен кабыл алынган Конституция президент тарапка эки мүмкүнчүлүк берет. Мындай мыйзамды бузган Конституцияга кол койбойм деп туруп таратам деген моралдык, юридикалык бир мүмкүнчүлүк болот. Экинчиси – кол коюп, Конституциядагы укуктарынын негизинде жардык менен Шайлоо кодексин өзгөртүп, округдарды бекиткенге жол берди деп туруп, ал жагынан да шайлоого кеткенге болот.

Бирок, президент парламентти таркатууга өз кызыкчылыгы үчүн да барбайт дейт Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков:

- Эгер Конституцияны бузуп президент ошого барса, анда өзү да жоопкерчиликке дуушар болот. Себеби, президентти да, парламентти да эл шайлаган.

Ошондой болсо да, парламенттеги саясий күчтөрдүн бардыгы Конституциянын жаңы редакциясына президенттин көз карашын жана Коопсуздук кеңешинин чечимин утурлашууда. «Ата мекен» партиясынын мүчөсү Эркинбек Алымбековдун айтымында, оппозиция да бардык башка саясий күчтөр сыяктуу эле президент Курманбек Бакиев баштаган бийликтин кезектеги жүрүшүн байкап турат жана ошого жараша чечим кабыл алат.

ИПОТЕКА ЭМНЕ ҮЧҮН ИРДЕНБЕЙ ЖАТАТ?

Айгүл Жунушалиева, Бишкек Айрым маалыматтар боюнча, ушул тапта өлкөдө турак жайын жакшыртууга муктаж үй бүлөлөрдүн саны 166 миңдин тегерегинде.19 минден ашуун үй бүлө жатакана жана ижарада турат, ал эми 2 минден көбүрөөгу ана - мына урай турган, эски тамдарда жашоого мажбур. Өзгөчө борбор калаада турак жай маселеси өтө курч. Акыркы мезгилде калк арасында ипотекалык кредит өз тамырын жайылта баштаган, бирок аны өнүгүшүндө да көйгөйлөр бир топ.

Аскар Айылчиев үйлөнүп,эки балалуу болсо да ижарадан ижара алмаштырып, көчүп конуп жүрүүгө мажбур.Үй алууга каражат жетпейт.Ошондуктан Аскат бир канча убакыттан бери ипотекалык кредит алууну ойлонуп, анын шарттарын изилдеп көрүп, мындай жол менен дагы үйгө жете албасына көзү жетти.

- Изилдеп көрсөм ипотекалык кредит 20 пайыз менен 3 же 5 эле жылга берилет экен. Албетте бул өтө оор шарттар. Иши кылып ипотекага жетүү кыйын,- деп ийин куушурат Аскар Айылчиев.

Өлкөдө акыркы 4 жыл ичинде ипотекалык кредит берүүчүү коммерциялык банктар ачылып, атайын фонддор түзүлгөн. “Халк” банкынын кардарларды тейлөө бөлүм башчысы Мират Сатымкулов ипотекалык кредит берүү шарттары тууралуу төмөнкулөрдү айтат.

“Биз ипотекалык кредитти 5 жылга чейин беребиз. Ал эми учурда биз жеңил кредит дегенди киргиздик. Ал кредит 10 жылга чейинки мөөнөткө берилет.Кардар үйдүн баасынын 30 пайызын банкка төгүп, калганын 10 жыл ичинде акырындап төлөй берет».

Мамлекеттик кызматкер Бакыт аттуу жигит болсо өткөн жылы ипотекалык кредит аркылуу үй алган. Бакыт ипотеканын оң жана терс жактары тууралуу төмөнкүлөрдү айтат.

”Мен айына 20 пайыз менен ипотекалык кредит алдым. Коңшу Казакстанда 7-8 гана пайыз экен. Ал эми ай сайын ушунча пайызды төлөө, албетте, оор. Жакшы жагы 5 жыл бою ошол алган үйдү өзүмдүкү деп жашайсың. Бирок кредитти төлөй албай калсаң, банк тамыңды акырын алып коет”.

Адистердин айтымында өлкөдө ипотеканын жакшы өнүкпөй жатышынын бирден бир себеби - сөз болуп жаткан кредитти берүүнүн бирдиктүү механизми иштелип чыккан эмес.

Адилет министринин милдетин аткаруучу Марат Кайыповдун айтымында, ипотеканын өнүгүшүнө өлкөдөгү саясий абал тоскоол болууда:

” Кыргызстанда ипотекалык кредиттин жанданбай калганынын башкы себеби - мамлекеттеги саясий абалдын туруксуздугу. 2000-жылдан тарта саясий опурталдуу шарттарда жашап келдик, ошондуктан чет элдик инвесторлор тайсалдап атышат. Эгерде мамлекет ишкерлерди басып, аларды кыйнабай, тескерисинче мыйзамдуу түрдө иш алып барууга шарт түзүп берсе, ипотека өнүгө алат эле”


Коммерциялык банктар берчү ипотекалык кредитти алууга жарандардын көбүнүн алы жетпейт. Андыктан Кыргызстанда социалдык, башкача айтканда орто жашагандар үчүн жеңилдетилген шарттар менен ипотека берүү маселеси эчак бышып жетилген. Муну ишке ашыруу үчүн 2 жыл мурда атайын фонд түзүлүп, чет элдик инвестициялардын жардамы менен Жал кичирайонунан көп кабаттуу үйлөр тургузула баштаган. Ал арада ыңклап болуп, инвесторлор каражатын артка кайрып алып, айтор социалдык ипотеканын тагдыры чечилбеген бойдон калган эле. Эми болсо бул иште аз - аздан жылыштар байкала баштады.



“Жалдагы үйлөрдү курууга башында 17млн акча бөлунгөн эле, бирок ортодо ынклап болуп, инвесторлор акчасын кайрып алып, иш токтоп калган. Эми өкмөт, Жогорку Кенеш менен сүйлөөшүүлөр жүрүп жатат. Биз көп эле инвесторлорду таптык, бирок алардын көбү саясий кырдаалдан чочуркап жатышат. Ал эми биз социалдык ипотека 4-7 пайыз менен10-15 жылга чейин берилсе деп аракеттенип жатабыз”,- дейт Социалдык ипотека боюнча иш алып баруучу “Турак Жай” федерациясынын аппарат жетекчиси Лира Усубалиева.

Социалдык ипотекага, адистердин айтымында, өз турак жайы жок, туруктуу кирешеси бар кыргыз жараны ээ боло алат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG