Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 16:44

Кыргызстан

АРКАРБЕК САДАБАЕВ: САУД АРАБИЯ ТАРАП СӨӨКТӨРДҮ КӨМҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРЕТ

Бүгүн Сауд Арабиясында жол кырсыгына кабылып жаракат алган 11 адам атажуртуна кайтып келет. Дагы он эки адам ооруканада бир канча күн дарылануусу керек. Алардын экөө оор абалда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Тышкы иштер министрилигинин берген маалыматы боюнча учурда ооруканадан чыгарылган 11 адам менен кошо кырсык болгон учурда башка автобуста болушкан 71 кыргызстандык бүгүн мекенине кайтат. Учак Араб Эмирлигинен Кыргызстанды карай Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат 14:30да чыкмакчы. Аларды тосуп келүү максатында Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Жолборс Жоробеков менен Ош облусунун казысы Рахматулло Касымов бүгүн эртең менен Араб Эмирлигине учуп кетишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков мындайча билдирди:

- Он бир жарадар анан жетимиш бир башка атуулдарыбыз, бардыгы болуп сексен эки адамыбыз бүгүн чартердик рейс менен түз Ош шаарына учуп келет.

Ошондой эле ал жаракат алгандардын учурдагы абалы тууралуу мындай деди:

- Биз алган маалыматтар боюнча эки адамдын абалы оор болгон. Алар операциядан өтүштү. Дагы бир топ адамдар тогуз күндөн он беш күнгө чейин ал жерде дарыланышы керек.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Аркарбек Садабаев, жол кырсыгында набыт болгондор кай жерде жерге берилери тууралуу буларды билдирди:

- Муфтияттын кызматкерлеринин айтуусу боюнча шарият жолунда ажыга баргандан кийин ошол жерде каза болсо туз бейишке чыгат экен. Ошонун негизинде туугандары тиякка коюга макулдук беришти. Эми азыр бул маселенин бардыгын чечип, кечээ кечинде Араб Эмираттарындагы биздин генералдык консулдукка маалыматты бердик. Сауд Арабия тарап ошону сурап аткан. Алар сөөктөрдү жерге жашырууга толук көмөк көрсөтөбүз деп туруп, өздөрү милдеттенме алышты. Бул маселе бүгүн чечилет.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиги билдиргендей жаракат алгандарды Ош шаарында алардын жакындары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышат.

Ажылык сапар менен Сауд Арабиясында жүргөн кыргызстандыктардын автобусу 12-январь күнү Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат 12:00дө жол кырсыгына кабылган. Бул кырсыктан 21 кыргызстандык набыт болуп, экөө оор абалда. Дагы 12 кыргызстандык ооруканада жатышат. Дин иштери боюнча мамлекеттик агентигинин маалыматы боюнча Сауд Арабиясында азыркы тапта ажылык сапарга кеткен дагы 300 чамалуу кыргызстандык бар.

УТУР-УТУР ЖАҢЫРГАН БАШ МЫЙЗАМГА ЖАШТАР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Айгүл Жунушалиева, Азаттык 15-январь күнү президент Курманбек Бакиев баш мыйзамдын редакциясына кол койду. Конституциянын жаны редакциясы 30-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал эми өткөн жумада болуп өткөн Коопсуздук Кеңеши Конституциянын жаңы редакциясына кол коюу тууралуу президентке сунуш кылган. Президенттин бул кадамына саясатчылар, дегеле коомчулук ар кандай баа берүүдө. Бул маселеде жаштардын ой-пикирлери да түрдүү чыгууда.

Алишер Мамасалиев,“Атуулдук платформа” коомдук кыймылынын башчысы:

-Менимче муну менен Конституция маселесине чекит коюлган жок.Өкмөттүн жаңы курамы бекитилгенден кийин дагы, балким май айында саясий кризис болот. Андыктан айтайын дегеним, карапайым калк эч кимге жана эч нерсеге ишенбей калды.Улам – улам өзгөрүп аткан баш мыйзамга дагы.

Асель, студентка:

-Президент эң туура кылды.Анткени башка жол да жок болчу, андыктан Курманбек Бакиевдин кол койгонун мен толугу менен колдойм.

Нурлан, студент:

- Менин оюмча президент өзүнө көп укуктарды алып алды.Биздин мамлекетке аралаш башкаруу керек. Ал эми укуктар өкмөт менен президенттин ортосунда тең бөлүштүрүлсө болмок.

Сейит:

- Жок, мен президенттин бул кадамын колдобойм. Ал туура эмес кылды.

Элегия Мусаева:

- Бул кабар мени өтө кейитти.Өлкө башчысы дагы бир жолу чексиз бийликке колун созуп жатканын далилдеди. Менимче бул чоң катачылык жана ал жакшылыкка алып келбейт.

Рыскулбек Жумабаев, “Эмгек жана Биримдик” партиясынын жаштар канатынын жетекчиси:

- Албетте, бүгүнкү күндө бул эң туура кадам болду деп эсептейм. Анткени, айрым чечилбеген укуктук маселелер такталды. Менимче бийликтин үч бутагы тең мыйзам таалаасында иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты.

Темирлан Ибраимов, Cаясий-укуктук изилдөөлөр борборунун директору:

- Чыны менен эле бул маселенин тегерегинде тушүнүксүз жагдайлар бир топ. Анткени, депутат Бекназаровдун айтымында, бүгүн президент кол койгон Конституциянын редакциясы депутаттар талкуулаган редакция эмес, башка. Бирок албетте, депутаттын бул айтканы канчалык чын, аны да изилдеп чыгуу керек. Экинчиден, 30-декабрда депутаттар Конституцияны кабыл алганда айрым нормалар бузулган. Бул учур да айрым суроолорду жаратпай койбойт.

БАШ МЫЙЗАМДЫН ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯСЫНА ПРЕЗИДЕНТ КОЛ КОЙДУ

Президент Курманбек Бакиев бүгүн Конституциянын жаңы редакциясына кол койду. Парламент 30-декабрда кабыл алган бул баш мыйзам эми маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин күчүнө кирмекчи.

9-ноябрдагыдан айырмаланып, президент Курманбек Бакиев бул жолку Конституциянын жаңы редакциясына өзүнүн иш бөлмөсүндө кол койду жана ага журналисттер чакырылган жок. Иш чарага бардык бийлик бутактарынын жетекчилери катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын башчысы Досаалы Эсеналиев билдирди:

- Ушул эле жерде Конституциялык Соттун жетекчиси Чолпон Баекова, Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов, премьер министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов, мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров жана администрация жетекчиси Мыктыбек Абдылдаевдин катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакция жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына» кол койду.

Досалы Эсеналиевдин маалыматы боюнча, Баш мыйзамдын жаңы редакциясын Президентке Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов иш чаранын алдында сунуш кылды. Буга чейин жаңы редакцияны президенттин кароосуна төрага 31-декабрда бергендиги маалымдалган болчу.

Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров төрага Марат Султанов депутаттын дооматын эске алып, документти кайра карап чыгып, президентке кайрадан сунуштаган болушу мүмкүн деп болжойт. Ишемби күнү Бекназаров президентке анын ыйгарым укуктарын күчөткөн жасалма баш мыйзам сунушталып жатат деген чукул билдирүү тараткан болчу. Бул дооматын депутат төрага менен бир күн мурда да жолугушуп, талкуулаганын бүгүн билдирди. Эгер баш мыйзамга депутаттын сунуштары эске алынбай туруп кол коюлса, ал парламент кабыл алган жана президент кол койгон редакцияларды салыштырып талдап, Конституциялык Сотко кайрылышы мүмкүн:

- Бул президент менен ушул төрага же президентти колдогон депутаттар алдын ала макулдашып алынган долбоор. Болбосо президент мындай Конституцияга каршы, одоно бурмаланган мыйзамга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, чегинен чыгып, мындай жасалма документтерге кол койбош керек эле.

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Сабиров депутаттын бул көз карашын натура деп эсептейт:

- Биздин Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлеринин, юристтеринин билими жетиштүү. Мындай олуттуу документте ар бир тамга, ар бир үтүр эсепке алынат. Балким биздин депутат чала угуп же анда президент кол койчу документке дал келбеген документтер болушу мүмкүн.

Жогорку Кеңештин төрага орун басары Тайырбек Сарпашев кандай жагдай болбосун Конституциянын 8-ноябрдагы жана 30-декабрдагы жаңы эки редакциясы бирдей демократиялык өнүгүүнү көздөй илгери кадам таштоого жардам берет дейт:

- Биринчиден, биз парламенттик-президенттик Конституция кабыл алдык. Парламентти партиялык тизме менен түзүү, экинчиден, парламентке укуктун көбүрөөк берилгендиги, өкмөт менен парламент мамилелелери башкача жаратылышта түзүлөт, өкмөттү парламенттин көпчүлүк бөлүгү түзөт. Ошондуктан, мурдагы Конституциядан жаңы редакция эволюциялык басып өткөн жолу, эволюциялык басып өткөн жолу жогору турат.

Акыркы редакция боюнча президент мурда алынып салынган күч бийлик, жергиликтүү бийлик башчыларын, сотторду дайындоо укуктарын кайтарып алды. Жаңы редакцияны сүрөп чыгарган демилгечилер бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук сакталып калды, пикир келишпестикти жараткан тоскоолдуктар жоюлду деп ишендиришүүдө.

Анткен менен, саясий чөйрөдө Конституциянын 30-декабрдагы жаңы редакциясына бир ыктай көз караш байкалбайт. Добуш берүүдөн баш тарткан оппозициячыл депутаттардын бири Азимбек Бекназаров президент Курманбек Бакиев бул баш мыйзамда экс-президент Аскар Акаевдикинен көп ыйгарым укуктар берилип калды дейт. Айрым байкоочулар ыйгарым укуктарга байланыштуу 8-ноябрдагы Конституциядагы жаза басуулар бул редакцияда да калгандыгын айтышып, муну саясий күчтөрдүн кызыкчылыктары менен байланыштырышууда.
Мындай көз карашты «Реформа үчүн!» кыймылына мүчө депутаттардын бири Болот Шерниязов да колдоду. Анын баамында, азыркы кабыл алынган Конституция келерки бийликке да жаңы Конституция жазууга шарт түзүп койду:

- Анткени, бул Конституция элдин көпчүлүгүнүн башын бириктирген компромисс мыйзам боло албай калды.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ: ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫН КАМБАРАТА КОЛДОСУН

Жогорку Кеңеш дүйшөмбү күнкү жыйынында Конституция, жер титирөөлөр, ажылык учурунда каза болгон Кыргызстан атуулдарынын жакындарына жардам берүү маселелерин көтөрүп, алардын айрымдары боюнча өкмөткө тапшырма берди. Андан кийин парламент «Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карай баштады.

Президент Курманбек Бакиев 30-декабрда кабыл алынган Конституцияга кол коюп жаткан учурда депутат Азимбек Бекназаров президент «жасалма» Конституцияга, башкача айтканда, 30-декабарда кабыл алынган эмес, андан кийин «жең ичинде» бурмаланган баш мыйзамга кол коюп жатат деп билдирди:

"Чындыгында парламентте каралбаган 40тан ашык тексттерге олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген. Аны редакциялык, техникалык мүнөздө деп айтууга болбойт. Башка берене, бөлүктөр кирип кетиптир. Бул жасалмалоочулук деп эсептелет. Андай ишти жасагандар кылмыш жообуна тартылат".

Бирок,депутат Камчы Ташиев ага каршы чыкты:

"Азимбек Анаркулович, Кнституциянын жаңы редакциясы кабыл алынаарда бир да жолу талкууга катышкан жоксуз. Жети эмес, андан көп өзгөртүүлөр киргизилген. Биздин урматтуу коллегаларыбыз ошону карап чыккан. Конституция эч кандай бурмаланып –жасалган жок".

Андан кийин депутаттар «ГЭСтер жөнүндөгү» мыйзамды кароого киришти. Ал мыйзамда ГЭСтер менчиктештирилүүгө жатпайт деп жазылган. Долбоор мына ушул мыйзамды өзгөртүп, анын алкагынан «Камбарата ГЭСтерин» чыгарууну көздөйт. Бул тууралуу мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Райымбек Мамыров минтип билдирди:

"ыйзамга ылайык, белгиленген тартипте Камбарата-1 жана 2, Бишкек шаарындагы экинчи ТЭЦтин курулушун аяктоо үчүн инвестиция тартуу жана ишке берүү максатында концессияга, ишенимдик башкарууга, же уставдык капиталга түзүүчүлүк салымды киргизүү максатында жаңы түзүлгөн чарба жүргүзүүчү субьектерге өткөрүлүп берилиш мүмкүн".

Жогорку Кеңешетин төрагасынын орун басары Тайырбек Сарпашев долбоорду негизинен кабыл алуу зарылдыгын белгиледи. Бирок депутаттар Иса Өмүркулов жана Темир Сариев бул маселени жаңы өкмөт түзүлгөндөн кийин кароо максатка ылайыктуу экенин айтып, мыйзамды кабыл алууда кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын эске алуу зарылдыгын белгиледи.

"Энергетика орчундуу маселелердин бири. Биздин экономиканын, мамлекеттин туруктуулугу ушул тармакка көз каранды. Ушуга байланыштуу жаңы өкмөттүн курамын түзгөндөн кийин карасак оң болот. Анткени, бул жерде өкмөт башчысынын позициясы керек. Болбосо үч чакырылыштан бери биринчи этабы, экинчи этабы, үчүнчү этабы деп эле алдап келатышат,-деди депутат Иса Өмүркулов.

Мына ушундай сунуштардан кийин мыйзам долбоорунун демилгечиси долбоорду кайрадан иштеп чыгууга макулдугун берди. Мыйзам долбоорун талкуу учурунда бир топ кызыктуу маалыматтар айтылды.

Маселен, кезинде бирдиктүү «Кыргызэнерго» компаниясынын жетекчилеринин бири болгон Райымбек Мамыровдун маалыматы боюнча, компанияны бөлүштүрүү алдындагы жылдык таза кирешеси 1 миллиард 200 миллион сом болуп жаткан, бирок аны төрткө бөлүштүрүү карыздардын 7 миллиард сомго жетүүсүнө алып келди.

Кыргызстандын энергетика тармагындагы жыл сайын жоготуусу 1 миллиард сом болууда. Ал эми Камбарата ГЭСтери тууралуу сөздү уласак, Мамыровдун айтымында, Камбарата-1 ГЭСинин курулушуна Кыргызстан 40-50 миллион доллар сарптаган. Аны ишке киргизүү үчүн дагы 200 миллион доллар керек. Ал эми Камбарата-2 ГЭСин куруу үчүн 1 миллиард 900 миллион доллар керек. Андай каражат Кыргызстанда жок. Ошондуктан сырттан инвестор издөө зарыл деген Мамыров, бирок, учурда бир да инвестор ГЭСтерди курууга ниетин билдире электигин айта кетти. Ал ошондой эле бирдиктүү башкаруу системасын калыбына келтирүү менен энергетика тармагын кризистен чыгаруу мүмкүндүгүн белгиледи.

КЫРСЫКТАГАН КЫРГЫЗ АТУУЛДАРЫНЫН СӨӨГҮ МЕДИНАГА КОЮЛАТ

Маектешкен Улан Эшматов, Прага Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Жолборс Жоробеков баштаган топ бүгүн Сауд Арабиясына учуп кетет.Алар Медина – Дубай жолунда жол кырсыгынан жаракат алган 17 кыргыз жаранын алып келишмекчи. Жаракат алгандардын экөөсүнүн абалы оор экени айтылууда. 12-январдагы бул кырсыктан Меккеден кайткан кыргызстандык 21 ажы кайтыш болгон. Жакындарынын макулдугу менен алардын сөөгү Сауд Арабиясында жерге бериле турган болду. Бул туурасында "Азаттыкка" Жолборс Жоробеков өзү билдирди.

- Алдыда сиздин маалыматтарды биздин угармандар учкай угушуп, кабардар болушту. Демек бүгүн Дубайга кетип жаткан турбайсыздарбы. Кырсык болгон жердин өзүнө барасыздарбы?

- Акыркы болгон маалыматтар боюнча шейит кеткендердин саны 22 деп бердиңер. Бирок, 1932-жылы Ош шаарында туулган Ахмедова Уулкан деген жараныбыз тирүү экен деген кабар кечки саат ондордо келди. Анын туугандары менен сүйлөштүк. Консулдун официалдуу адамдары менен сүйлөштүк. Ошондо 21 адам шейит кеткен болот. Кечээ биз төрт бөлүккө бөлүнүп, Ошто болдук. Саат бирлерде жыйынтыгын чыгарып, шейит кеткендердин ар бир үй бүлөсүнө кирип, алардын талаптарын сурадык. Бир жыйынтыкка келдик. Өлгөн адамдардын сөөгүн ошол жакка калтыруу боюнча. Себеби, бул жерде эки-үч жагдай болуп жатат. Дегеле тарыхта мындай болгон эмес экен. Сөөктү кайра алып келүү деген. Экинчиден, ал жердеги Саксуа деген шаардын эли жардам берип, эгер мүмкүнчүлүк болсо, туугандары кааласа, алардын сөөгүн Мединага койдурабыз деп жатышат.

Бүгүн биз ал жакка учуп барабыз. Каза тапкан адамдар боюнча көп маселелерди козгошкон жок. Баардыгы бир добуштан макулдугун беришти. Кечинде акыркы берген маалыматтарга караганда, 12 жараныбыз жакшы деп айтылган. Анын жетөө дарыланууга муктаж деп айтылган. Анан дагы төртөө чыкты. Бейтапканада 3-4 киши калышы мүмкүн ал жерде.

- Буга атайын учак өкмөттүн атынан жиберилип жатабы?

- Жок. Бул атайын учак эмес. Бул учак акыркы учактын астындагы болчу. Акыркысы келди. Буюрса кеткен учак акыркы болуп кайтып, зыяратка баргандардын кайтуусу ушуну менен бүтөт. Биздин абдан бир оперативдүү жасаган ишибиз ушул болду. Президенттин көрсөтмөсү, мамлекеттик катчынын киришүүсү менен тез аранын ичинде 13-январда тизмесин тактап койдук.

Бул окуя Сауд Арабиясында болуп жатпайбы. Сауд Арабияда биздин консул жок. Дубайдагы биздин генералдык консулду өткөрбөй жатканда казак элчилигиндеги жигиттер бизге көп жардам беришти.

- Шейит кеткендердин фамилияларынын окшоштугуна караганда, бир үй бүлөнүн мүчөлөрү болсо керек?

- Ооба. Үч, төрт үй бүлөө бар экен. Алар күйөөсү-аялы, атасы-баласы дегендер бар экен.

- Өткөндө Жида шаарында биздин зыяратчылар Түрк аба жолдорунун учагы менен бир суткага жакын кармалып калышты эле. Алар эмне болушту?

-Ооба. Андай маалыматтар бар. Бул эми техникалык себептер, аба ырайына байланыштуу болот экен. Булардын баарын буюруса келгенде териштирип, ажылыктын аягында отчетто көрсөтөбүз.

12:30 Б.Шерниязов: Кемин кичиГЭСи 10 миң долларга сатылып кеткен

БИШКЕК. Депутат Раимбек Мамыров киргизген Камбарата-1 жана Камбарата-2 ГЭСтери боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Болот Шерниязов Кеминдеги кичиГЭС 10 миң долларга сатылып кеткенин, бул болсо анын бир жылда таба турган пайдасы экенин айтты. Ошондон улам Б.Шерниязов Кыргызстандагы жалпы ГЭС системасын кайрадан баалап чыгууну суранды.

Депутат Р.Мамыров киргизген мыйзамга ылайык Камбарата ГЭСтерин куруу үчүн аны жалпы ГЭСтер системасынан чыгарып, инвестор тартууну көздөйт. Ошол эле маалда Р.Мамыров бул ГЭСтерди курууга кызыкдар инвесторлорду билбей турганын айтты. Депутат Т.Сариев бул пикирге бийликте бул ГЭСтерди менчиктештирип алууга кызыкдар адамдар бар экенин билдирди.

ЖАҢЫРГАН БАШ МЫЙЗАМГА КОЛ КОЮЛГАНЫ ТУУРА ИШ БОЛДУБУ?



Өмүрбек Абдырахманов, «Реформа үчүн» кыймылынын мүчөсү:

- Орустарда мындай кеп бар, “отрицательный результат - это тоже результат” деген. Президенттин кол койгону туура болуптур. Анткени, коом ары эмес же бери эмес болуп кыйналып жаткан. Ошон үчүн туурабы же туура эмеспи, кол койгону бир жаңсыл болуптур. Биз ал Конституциянын тексти тууралуу макул болбосок дагы, бирок, ушул депутаттардын сунушун эске алып, кандайдыр бир макул болсок болот эле. Бирок, биз эч качан макул болбойбуз. Анын формасына, процедуралык жактан кабыл алганына. Бул Конституцияны бузуп, мамлекеттеги болгон мыйзамдарды бузуп, зордук-зомбулук менен эки-үч жолу депутаттарды сүйрөп келип, кол көтөрттүрүп кабыл алдырганы бизге эч туура келбейт. Бул цивилизацияланган мамлекетке жат, каршы нерсе. Ошон үчүн кол койгону жакшы болуптур. Муну биз толук легитимдүү деп эсептебейбиз. Коом дагы эсептебейт. Анткени, зордук, бузук менен кабыл алынды. Бирок, жашоо керек, жашоо улана берет. Мындан ары иштегенге аракет кылабыз.

“Реформа үчүн” кыймылы чогулуп, акылдашып көрөт го. Мен өз оюмду айтып жатам. Сөз бар эмеспи “жакшы согуштан көрө, жаман тынчтык жакшы” деген. Эгер бул Конституциянын кабыл алынган варианты элибизге тынччылыкты, стабилдүүлүктү, саясий тынччылыкты алып келе турган болсо, анда биз макул болушубуз керек деп ойлойм.




Азиза Абдурасулова, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси.

- Негизи туура эмес. Дүйнөдөгү эң жакшы, аябай сонун демократиялык адам укугун коргогон конституция болгон күндө дагы процедурасы сакталбагандыгынын өзү бул эртең башка бир диктатор келип калса, же болбосо кандайдыр бир экстремисттик бир адам келип калса, анда ушундай эле жол менен демократиялык конституцияны башка жолго буруп кетет деген коркунучту алып келип койду президент. Кеп Конституциянын жакшы же жамандыгында эмес. Акаевдин убагындагы ортосаар, начар Rонституцияда деле жашап жүргөнбүз. Татынакай Конституцияны бүгүн эртең өзгөртүп коюуга жол ачып, арык чаап коюшту. Ушунун өзү Кыргызстан үчүн коркунучтуу.

Саясий оор абалда турган Кыргызстан үчүн бул окуядан улам жарака кетиши мүмкүн. Мисалы, мен өзүм “АнтиХИПИК” кыймылын жетектеп, Кыргызстан боюнча республикалык масштабдагы кыймылдарды, жөө жүрүштөрдү өткөрүүгө даярданып жатабыз. Эми азыр ошонун баары бири-бирине кошул ташыл болот. Же атайын жасалып жатканын билбейсиң. Президент деген бул-Конституциянын гаранты болуш керек эле. Конституциянын бир тамгасына зыян келтиргиси келген адамга, кандай гана болбосун, аны жоопко тарта турган адам болуш керек президент. Конституцияны каалаган убакта өзгөртө бергендин өзү туура эмес. Мен 9-ноябрда миңдеген адамдар Конституцияны кабыл алганда дагы мен ушул эле көз карашты билдиргенмин. Конституция басым жасалган жол менен кабыл алынышы керек эмес. Конституция тынч сүйлөшүүлөр, кеңешүүлөр аркылуу кабыл алынышы керек эле. Анын ар бир тамгасына, үтүр, чекитине чейин маани берилиш керек эле. Бир тарап чыгып алып күч менен кабыл алдырды. Экинчи тарап чыгып алып өзүнүн бийлигинин басымы менен кабыл алдырды. Ошентип, бүгүнкү күндө өтө өкүнүчтүү нерсе болду. Күчтүү, акчасы бар, массаны чогулта алган, бийлиги бар адам биздин Кыргызстандын Конституциясын каалаган күнү, керек болсо түн ичинде барып туруп өзгөртүп койгонго мүмкүнчүлүк ачылып калды. Бул өтө өкүнүчтүү. Мен бул Конституциянын жакшы-жамандыгы жөнүндө азыркы күндө ойлонгум келбейт. Себеби, Конституцияны мындай абалда эч ким талкуулай албайт. Муну тынч абалда талкуулаш керек. Эки жылдын ичинде президентке дагы саясатчыларга дагы эбегейсиз чоң убакыт болгон. Конституцияны татынакай маанайда кабыл алып, ошону майрамга айландырганы. Конституциянын күнү деп ошол күндү кыргыз элине майрам уюштуруп бергенге мүмкүнчүлүгү бар эле. Майрам эмес чоң жаңжалды жасап берип коюшту.

Асия Сасыкбаева, «Интербилим» уюмунун жетекчиси:

- Биринчиден, бул мыйзамды бузгандык. Анткени Конституция деген эң негизги мыйзам деп эсептелет. Ай сайын эле аны өзгөртө берсек бул туура эмес. Менин оюмча процедуралардын баары бузулган. Ошондуктан, мен ойлойм, президент туура эмес иш жасады. Муну тарых деле кийин изилдеп, баасын берет. Мен “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү катары башынан эле каршы болчумун. Биз кайрылууну президентке, депутаттарга дагы жибергенбиз. Долбоорду дагы бир жолу бузгандан мурун ойлонуп иш жасагыла деп. Бирок, тилекке каршы кол коюлуп калды. Эми ал кайсы абалга алып бараарын бүгүн биз айта албайбыз. Бирок, коомдо көп эле нааразычылык бар. Мурун эле бийликке көп ишенич жок болчу. Ошол ишеничти көтөргөндүн ордуна бүгүнкү бийлик аны ылдыйлатып жатат. Ишенич кетип жатат. Мисалы, менде ишенич жок.

ОРУС ЖЕРИНДЕГИ КЫРГЫЗСТАНДЫК МИГРАНТТАРДЫ КАНДАЙ ТАГДЫР КҮТӨТ?

15-январдан тарта орус өкмөтү чет элдик ишкерлерди өлкөдөн чыгара баштайт.Буга ылайык учурда Орусиянын шаарларында соодагерлик кылып жүргөн 200 миңге жакын Кыргызстандык жарандар да ишкерлигин токтотуп, кайра мекенине кайтып келүүгө аргасыз болушат. Ушундан улам көптөгөн кыргызстандыктар кайтып келүүнүн ордуна Орусия жарандыгын алууга аракет жасашууда.

Орус өкмөтүнүн чет элдик ишкерлерди өлкөдөн чыгаруу тууралуу токтому бүгүнтөн тарта ишке кирет. Өткөн жылдын 15-ноябрында кабыл алынган бул токтомго ылайык 2007-жылдын 15-январынан тартып дары-дамек жана спирт ичимдиктерин сатуу, чыгаруу менен алектенген чет элдик ишкерлер толугу менен өз ишин токтотот. Ал эми башка товарлар менен иштеген ишкерлерге 1-апрелге чейин мөөнөт берилип, ишкерлер 15-январдан 1-апрелге чейин ишин 40% кыскартууга тийиш. Албетте бул токтом бир нече жылдардан бери Орусияда соода кылып, иштеп, өздөрү ишкерлик кылууга жетишип калган кыргызстандык жарандар үчүн чоң сокку болору ачык иш. Ушундан улам айрым кыргызстандык ишкерлер мурдатан эле Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, Орусия жарандыгына өтүп башташкан.

Көпчүлүгү орус өкмөтүнүн чет элдик ишкерлерге байланыштуу кабыл алган токтомунан кийин орус жарандыгына кирүүгө аракет жасай башташты. Атын атагысы жана микрофонго сүйлөп бергиси келбеген Кыргызстандык паспорт кызматынын кызматкеринин айтуусунда декабрь жана январь айларында жалпы республика боюнча паспорттук каттоодон чыккандардын жана каттоодон чыгууну каалагандардын саны кескин өскөн.

Эй, Россия, Россия бир боор энем,мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен

Куштарбек Аматов он жылга жакын убакыттан бери Орусиянын Новосибирск шаарында соодагерлик кылат. Ал мурдараак орус жарандыгына өзү гана өткөн болсо, жогорудагы токтом кабыл алынгандан кийин келинчегин жана башка жакын туугандарын да Орусия жарандыгына киргизүүгө аракет жасап баштаган:

- Орус жарандыгына өтүү үчүн келинчегимдин документтерин да тапшырдык. Бир тууган ага-инилерим да Кыргызстандан каттоодон чыгып жатышат. Жакында буйурса келинчегим жарандык алат. Калгандары болсо кийинчерээк бүтөт. Анан баарыбыз чогуу кетебиз, биротоло ошол жакка жашоо үчүн кетебиз го. Бул жакта же жумуш жок, же башка иш жасап көтөрүлө албайсың. Балдардын келечегин да ошол жактан көрүп атабыз. Анткени ал жакта иштеп, үйрөнүп калганбыз.

Куштарбектин айтуусунда Орусия жарандыгына өтүү ишкерлер же соодагерлер үчүн гана эмес, карапайым адамдар үчүн да бир топ жеңил жашоо алып келет:

- Орус жарандыгын алуунун бир артыкчылыгы – биз да Орусиянын жарандары катары бардык жеңилдиктерге ээ болуп калабыз. Иштегенибизге да оңой болот. Милиция мурдагыдай кармай бербейт, жок жерден штраф төлөп, чыгым болуу деген болбойт. Салыкты дагы чет элдик ишкер катары эмес, кадимки орус жараны катары азыраак төлөп калабыз.

Орусиядагы кыргызстандыктардын көпчүлүгү орус жарандыгын алууну каалашат. Биз Орусиянын Сургут, Ростов, Иркутск жана Новосибирск шаарларындагы кыргыз диаспорасынынын өкүлдөрүнө кайрылып, бул аймактарда соода кылып жүргөн Кыргызстандыктардын көпчүлүгү орус жарандыгын алышкандыгын жана ага аракет жасап жатышкандыгын биле алдык.

Базарларда соода контейнерлеринин баалары көтөрүлдү

Орус өкмөтүнүн бул токтомуна байланыштуу Орусиядан кайра Кыргызстанга кайтып келип жаткан ишкерлер да жок эмес. Алардын бири Гүлжан Абдыкадырова Красноярск крайында дары-дармек сатып жүргөн. Ал соодагерлик кылып жүрүп, үй сатып алууга, туугандарына жардам берүүгө жана башка көп жетишкендиктерге жеткендигин айтат. Мындан ары да ошол жакта ишин улантууну каалаган Гүлжан 15-январдан тарта күчүнө кирүүчү токтомдон улам кайра Кыргызстанга кайтууга аргасыз болгон:

-Дары-дармек саткан соодагерлер катары бул токтомдун суугу эң биринчи кезекте бизге тиймек. Ошондуктан, ушундай тартип болот экен дегенди укканда эле Красноярскидеги соода контейнерлеримди сатып, товарларымдын калганын тааныштарга өткөрүп берип, Кыргызстанга кайтууга аракет жасай баштадым. Эптеп бир жолун таап, Орусия жарандыгын алып, калып калсам деле болмок. Бирок биз үйдөгү эң кичүү балдары болгондуктан, ата-энебизге жакыныраак келүүгө аргасыз болдук. Баары бир эртеби кечип келмекпиз. Ошентип, мектепте окуп жаткан балдарды окуудан, балабакчадагысын бакчадан чыгарып алып, кайра көчүп келдик. Бишкекте “Дордой” базарынан контейнер алдым, үй алдым. Эми кайра бул жакка орношуп, жашап, иштеп жатабыз..,-дейт Гүлжан.

Орусиядан капчыгы калың соодагерлердин жапырт келиши менен Дордой базарындагы контейнерлердин баалары акыркы айларда 2-3 эсеге өскөн. Сатуучулар базардагы контейнерлер жайгашкан жерине карап 15 миң доллардан 90 миң долларга чейин турарын айтып, акыркы үч ай ичинде 10-15 миң долларга көтөрүлгөндүгүн, баалардын минтип өсүп кетүүсүнө Орусиядан кайра келе башташкан соодагерлер себепкер болуп жаткандыгын билдиришти. Мындан тышкары соода контейнерлеринин ижара баасы да 1,5-2 эсеге өскөн.

Кайгы жокто....

Орусия мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр башкалар менен кошо биздин кыргыз мигранттарына да кыйынчылыктарды туудура баштады. Эң алды менен Орусиядагы 200 миңден ашуун соодагерлер кайтып келсе өлкөнүн социалдык экномикалык абалы дагы начарлашы мүмкүн. Анткени Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарын кайра жумуш менен камсыз кылуу чоң маселени жаратса, экинчи жагынан жылына 300 миллион доллардан ашуун Кыргызстанга келип жаткан акчанын агымы токтоп калары турган иш.

Ушундан улам кыргыз бийлиги орус өкмөтүнүн токтомуна байланыштуу 15-январдан тарта Орусиядагы кыргызстандык жарандардын укуктук акыбалы кандай болот деген тынчсыздануу менен бир топ иш-чараларды көрүүдө. Кыргызстандын миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу комитетинин жетекчиси Айгүл Рыскулованын айтуусунда мамлекет башчысы Орусиянын президентине атайын кайрылуу кат жиберген:

-Президент өзүнүн кайрылуусунда Орусиянын президентинен биздин кыргызстандык ишкерлерге жеңилирээк чараларды колдонууну жана өткөн жылы эки тарап кол койгон келишимдин негизинде аракет жасоону өтүнгөн. Мындан тышкары кыргыз өкмөтү да орус өкмөтүнүн токтомуна байланыштуу атайын кат жөнөткөн. Биз колдон келишинче кыргызстандык ишкерлерге жеңилдик алууга аракет жасап жатабыз.

Ал эми Орусиянын элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Владимир Посохин орус бийлиги өз мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен өз жарандарынын кызыкчылыгын коргоп жатат дейт:

-Бул токтом менен Орусия улуттук кызыкчылыгын коргоп жатат. Бирок тийиштүү мамлекеттик органдар аркылуу эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен эки өлкөнүн мамилесин дагы өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Миграция комитетинин берген маалыматы боюнча учурда Орусияда 253 930 кыргызстандык мигрант бар. Бул реалдуу түрдө бүгүн Орусияда мыйзамсыз жашап жаткандардын санынан өтө аз,-дейт Орусия элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Владимир Посохин.

Айрым адистердин айтуусунда жыл өткөн сайын Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандардын саны азайып баратат. Кээ бир маалыматтар боюнча Орусиянын жарандыгын кабыл алууну каалагандардын саны 2005-жылкы март ыңкылабынан кийин арбыган.

ПРЕЗИДЕНТ КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯСЫНА КОЛ КОЙДУ

Баш мыйзамдын 30-декабрда Жогорку Кеңеш кабыл алган редакциясына мамлекет башчы кол койгонун анын басма сөз катчысы Нурлан Шакиев билдирди. Баш мыйзамдын жаңы редакциясына кол коюу иш чарасына премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов, Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова, Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов, ЖК төрагасы Марат Султанов, мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров катышкан. Өткөн жумада болгон Коопсуздук Кеңеши дагы Конституциянын жаңы редакциясына кол коюу жөнүндө президентке сунуш кылган чечим чыгарган. Бирок, оппозициядагы депутаттар жана бир катар укук коргоочулар Конституциянын жаңы редакциясына кол коюуга башынан эле каршы болуп келатышат. Алар парламент баш мыйзамдын өзүнүн эреже-талаптарын одоно бузуу менен кабыл алып, ал аз келгенсип, долбоорго президенттин бийлигин эпсиз чоңойткон өзгөртүүлөр киргизилип, бир топ бурмаланганын белгилеп, нааразылык билдирип жатышат.

КОЧКОРДО КҮНДҮЗҮ ЖЫЛУУ, ТҮНҮ СУУК

Кочкордогу жер титирөөнүн кесепеттери ушу тапта иликтенип, жыйынтыгы бүгүн-эртең чыкканы турат. Алдын-ала маалыматтар боюнча, 26-декабрдагы зилзаладан Кочкор өрөөнүндө 6880 үйдөн жарака кетип, анын 1,5 миңге жакынында мындан ары жашоо мүмкүн эмес. Жер титирөөдөн жапа чеккен калк курулуш материалдарынан, айрыкча цемент менен шиферден өкмөт каралашса деген үмүттө.

Кочкордун чыгыш тарабындагы Алтын булак тоосунун этегинде жайгашкан Исакеев айылынын үстү жагындагы туурасы чоң жарака жер силкинүү кыйла эле катуу болгонун дагы кыйлага элдин эсине салып турат окшоп калды. Айылдыктар кырсыктуу түнү тоо тараптан алгач күүлдөгөн катуу үн чыкканын азыр да айтып олтурушат. Элдин эмдиги тилеги тезинен кырсыктын салдарын жоюп, үй-жайды оңдоп алуу. Аны мектеп мугалими Үмүтбек Кыдырмаев мындайча баяндады.

- 5 же 10% ссуда берсе жакшы болор эле. Азыр Кыргызстан боюнча курулган үйлөрдүн 90% чийки кыштан тургузулган. Социализм тушунда деле бышкан кыштан үй салыш кыйын эле, азыр кайдан.

Жашаган үйүнөн жарака кетип, Үсөнбек Кулмамбетов да ушу тапта жардамга муктаж болуп отурганын айтты.

- Менин үйүм бышкан кыштан салынган, бир жак дубалы көчүп, чатыры кыйшайып калды. Сейсмикалык кур дейсизби, эми ал жок. Дубалдын бир жагы кетти. Эми өкмөттөн бир жардам болобу деген эле үмүт. Үй кулап кетеби же кетпейби деп уктабай карап жатасың.

Айыл башчы Үсөнбек Сыдыков 90дон ашуун үйдө жашоо коркунучтуу болуп, ал жердегилер кошуна, туугандарыныкында баш калкалап жатканын маалымдады.

- Бүгүнкү күндө 96 үй 4-деңгээлдеги, 132 үй 3-деңгээлдеги жараксыз, анан эки үй биринчи деңгээлде жарактан чыккан деп табылды. Бешинчи болгондо үй урап түшөт экен. Андайлар жок. Бирок да 96 үйдүн сырт көрүнүшү деле абал аябай начар экенин көрсөтүп турат.

Кызжибек Карымбаева айыл четинде жашайт. Колунда жетимиштен ашкан оорулуу энеси бар. Кошунасынын жыгач үйүндө башкалкалап, өкмөттөн жардам болбосо өзү үйүн кайра тикелей албастыгын айтты.

- Жер титирөөнүн эртеси кошунабыздын жыгая үйүнө кирдик. Үй болсо ураганы турат. Төртүнчү деңгээлдеги жараксыз деп жазып кетишти. Карыган энемди багып үйдөмүн, жумуш жок. Кайра салып алууга каражатыбыз жок. Мамлекеттин эле көзүн карап жатабыз. Жардам берсе эптеп бир нерсе жасайбыз да.

Ушундай эле абалга Айзада Байбосунова да үй-бүлөсү менен туш келип, коңшусунун үйүндө тыгылышып жашоодо.

- Кошунабыздын үйүндөбүз. Балдарымдын бирөөн башка жакка окууга берип, экөөн колубузга алып, жардам күтүп олтурабыз. Ушундай абал.

Асбүбү Кадырова эненин чалы оорулуу, ооруканадан жаңы эле чыгып төшөктө жатат. Анын да үмүт кылганы курулуш материалынан жардам. Үстөк пайызы төмөн ссуда берсе бала-чакасы менен жаз чыгары менен үйүн салып алышмак.

- Пенсиядамын. Төрт балам бар, экөө мектепте, абышкам жаңы эле операциядан келди, жашы 75те. Үйдүн баары жараксыз, бир бөлмөдө эптеп жашап жатабыз. Мүмкүндүк болсо өкмөт жардам берип койсо деп сурайм.

Айылдагы бышкан кыштан салынган үйлөрдөн деле жарака кетип, жыгачтан тургузгандарыныкынын үстү ачылып асман көрүнүп калганын Исакеев менен Кочкор кыштагынан көп уктук.

- Биздин үйдүн үстүнөн жылдыз көрүнүп калды,- дейт кочкорлук Айдин деген өспүрүм бала.

Ойдо жок жерден опсуз оор проблемага кабылган кочкорлуктарга ушу тапта туш тараптан жардамдар келүүдө. Бишкек шаар, Ош облус, жаш ишкерлер, саясий партия, элчиликтерден көмөк көрсөтүлүүдө. Америкалык USAID – эларалык кызматташуу уюмунун жетекчи кызматынын милдетин аркалап жаткан Кен Макнамара жергиликтүү бийлик жетекчилери менен кеңешип, АКШ өкмөтүнүн атынан 64 миң долларлык гуманитардык жардам көрсөтүлгөнүн билдирди.

- АКШ элчилиги Кочкор районунун акимчилиги менен кеңешип эң керектүү делген буюмдардын тизмесин түзүп, айтьылган буюмдарды алып келдик. Мунун ичинде чоң чатыр да бар, ал алгачкы медициналык жардамды көрсөтүүгө арналган. Гуманитардык жардам катары төшөнчү орун, жылуу кийимдер, дары-дармектер берилди. Гумжардамдын баасы болжол менен 64 миң доллардан ашуун.

Кочкор районунун акими Курманбек Байтерековдун айтуусунда, гуманитардык жардам муктаж болгондордун баарына тегиз жеткен жок. Элдин суранычы - өкмөт курулуш материалдарын арзаныраак баада жеткирип бергенге жардамдашса.

- Бул жерде 55 миң шайлоочу бар. Ага келген жардамды бүрксө да жетпейт. Кээ бири ун, кийим-кече, жууркан-төшөк алып келүүдө. Анан ал акчага айланганда эле миллионго айланып кетет экен. Ошону да эл качан тарайт экен, деп күтүп отурушат. Ошол миллион кээде тоскоол деле болуп атат, айрымдар аны жактырбайт деле. Элдин 90% бизге арзаныраак ссуда берсе, курулуш материалдарынан каралашса дешет.

Нарын облусунун губернатору бир-эки күн ичинде жер титирөөдөн жапа чеккен үйлөрдүн тизмеси такталып, жапа чеккендерге кандай жардам керек болору аныкталарын маалымдады.

- Өкмөт тарабынан бизге курулуш материалдары бөлүнгөн. Канттагы комбинаттан цемент менен шиферди тартып алышыбыз керек. Булардын баасы былтыркы жылдын баасында, шифердики 108 сомдон өйдө болбойт, цементтин тоннасы 1740 сомдон жогору болбойт. Муну тартып келип биз элге жеткиришибиз керек.

Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Жаныш Рүстөмбековдун ырасташынча, жакын арада Кочкор менен Баткендеги жер титирөөнүн зыяндары аныкталып, анын кесепеттерин кантип жоюу аракети көрүлө баштайт.

- Бул Кочкор районунда 6880 үй, анан бул жерде Ысыккөлдүн Тоң району менен Нарын облусунун Нарын районун кошкондо 7 миңден ашуун үйдөн жарака кеткен. Баткенди да бүгүн-эртең иликтеп-тактоону аягына чыгабыз. Азыркы маалымат боюнча ал жерде зыян тарткан үйлөр 1200дөй болуп жатат.

Кычыраган кыштын кыраан чилдесинде Кочкордун саржайык өрөөнүндө коңур күздүн деми сезилип, күн чайыттай ачык турат. Алтын булак тоосунун чокусундагы ак кар көк муз күнгө чагылып, көпчүлүк эл күндөлүк тиричилиги менен алек. Эки жума илгери бул жерде чоң кырсык болуп өткөнүн дубал боорундагы жаракалар, кыңырайып көчүп түшкөн короо-сарайлар, анан да четтен келгендерге үмүттүү караган айылдыктардын маанайынан байкоого болот.

15-ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Пишпек уезддик дыйкандар съездди 1918-жылдын 15-январында Совет бийлигин тааныган Токтом кабыл алган. КПСС Борбордук Комитетинин биринчи секретары Н. С. Хрущев 1957-жылдын 15-январында Кыргызстанга иш сапары менен келген.

Пишпек уезддик дыйкандар съездди 1918-жылдын 15-январында эки маанилүү Токтом кабыл алды. Алардын биринчиси, контрреволюциячыл «союздук Совет» таратылып, экинчи токтом менен Совет бийлиги таанылган. Нарын уезддик IV партиялык конференциянын иши 1921-жылдын 11-январында соңуна чыкты.

Кыргыз областтынын V партиялык конференциясы 1929-жылдын 15-январында ишин баштады. Он күнгө созулган партиялык жыйында Орто Азия ВКП (б) Борбордук комитетинин отчету талкууланып, областтык ревизиялык комитеттин аткарган иши угулду. Мындан тышкары, большевиктер аялдарга эркиндик берүү, жакырчылыкка каршы күрөшүү жана кооперативдик курулуш тегерегинде пикир алмашышты.

Кыргыз обком ВКП (б)нын IV пленуму 1932-жылдын 15-январында ачылып, анда Орто Азия ВКП (б) Борбордук комитетинде каралган «Кыргыз партиялык уюмдун иши» туурасындагы токтом талкууга алынды. Буга чейин Орто Азия ВКП (б) Борбордук комитетинде Кыргызстандагы көчмөн жана жарым көчмөн чарбаларды отурукташтыруу маселеси каралган. Кыргызстандык большевиктер жогорку орган тарабынан көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу жана колхоздоштуруу ишин ыкчамдатуу маселеси тегерегинде пикир алмашышты.

КПСС Борбордук Комитетинин биринчи секретары Н. С. Хрущев 1957-жылдын 15-январында Кыргызстанга иш сапары менен келди. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жогорку кызмат адамдын буту кыргыз жергесине аттагандыгынан улам, Н. С. Хрущевду тоскондордун саны коркунучтуу чекке жеткен.

Делебеси козголгон калк эски аэропортту коргогон укук коргоо кызматчыларынын катарын жарып өтүп, «дорогой Никита Сергеевичтин» колун кысканга аракет жасашкан.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына кезектеги толуктоо жана түзөтүү киргизүү үчүн 2003-жылдын 2-февралына белгиленген рефендумга утурлай президент Аскар Акаев 15-январда Бишкек шаарынын коомчулугу менен жолугушту. Президент Конституциянын жаңы редакциясы эл аралык нормаларга шайкеш келет жана ал кабыл алынса, Кыргызстанда президенттик-парламенттик бийлик системасы орнойт деп ишендирди.

Февраль айына белгиленген кезектеги конституциялык Референдумга байланыштуу
«Арнамыс», «КДК», «Менин өлкөм»,«Эркиндик», «Эркин Кыргызстан», «Эл», «Ата Мекен» сыяктуу партиялар менен бирге, айрым бей өкмөт бирикмелердин өкүлдөрү 2003-жылдын 15-январында тегерек жыйын өткөрүштү. Айрым аясатчылар, атап айтканда башкы коммунист Апсамат Масалиев Баш мыйзамдын жаңы редакциясын «конституциялык төңкөрүш» катары баалады.

Бу күнү, 1200-жылы король Филипп II Август Париж университетин негиздеп, 1790-жылы айтылуу драматург Александр Грибоедов, 1850-жылы таанымал математик Софья Ковалевская, 1929-жылы америкалык негрлердин укугун талашкан, Нобель сыйлыгынын лауреаты Мартин Лютер Кинг, 1906-жылы атактуу жазуучу Мукай Элебаев, 1926-жылы акын Эргешбай Узакбаев,1931-жылы таланттуу жазуучу Төлөгөн Касымбеков жарык дүйнөгө келген.

ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ЫСЫККӨЛДҮКТӨР ДА ЖАБЫР ТАРТУУДА

Рита Борбукеева, Ысыккөл 26-декабрдагы жер титирөөдөн Кочкор районуна кырк чакырым жакын турган Ысыккөл облусунун айрым айылдарындагы үйлөр дагы жабыркаган. Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн маалыматы боюнча алардын арасында 40-жылдары курулган турак-жай жашоого жараксыз болуп калды.

Ысыккөл облусуна караштуу Ортотокой айыл өкмөтүнөн 53 үйдөн жарака кеткенин тиешелүү адистер далилденген соң, Балыкчы шаарындагы темир жолго жайгашкан Кызылсаз аймагынан дагы 12 үй каттоого алынды. 60-70 жыл мурда жер пайы жок салынган үйлөргө 26-декабрдагы жер титирөөнүн дагы залалы тийген. Айрыкча Турган Токоноеванын үйүнүн бурчтары көчүп түшүп аны кайра кыш менен шыбап бекитиптир.

-26-декабрь түнкү саат экиде жер титиреди. Калчылдап калдык. Мурда эле араң турган там эле эми ушунтип калды. Эртеси күнү өзгөчө кырдаал адистери келгенде артынан барып, үйдү көрүп бергиле дедим,- дейт Турган Токоноева.

Бул аялдын майып жолдошу андан кийин баласы дагы ооруп каза болгонун белгилеген аймактын башчысы бул үй бүлөөнүн абалын тиешелүү жерлерге маалымдаганын айтты:

-Бул аялдын жолдошу биринчи топтогу майып болчу. Ал кишинин эки буту жок кезде эле бул үй тизмеге катталган. Ошондон бери эле беребиз деп келатышат. 26-декабрда болгон жер титирөөдөн кийин дагы бул үйдү комиссияга көрсөтүп кеттик. Бул үй керек болсо бир баллга да туруштук бере албайт,- дейт Дайыр Султанбеков.

Темир жолдун айланасында жайгашкан эски үйлөрдү Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жашоого жараксыз деп тапкан.

-Азыркы күндө бул маселелер боюнча иштеп жатабыз. Биздин республикада өкмөттүн астында департамент деп коёт. Бул курулуш департаменти. Бул үйлөрдү ссудага киргизип жатабыз. Буга чейин биз өкмөткө кайрылганбыз. Шанхай деген айыл бар. Түштүк-батыш тарапта. Ал жактагы үйлөрдү бузууга бергенбиз. Департамент колунан келишинче жардам берип жатат,- деди Аскат Эркинбаев.

Расмий булактар боюнча Балыкчы шаарына адеп жаңы отурукташкан Озёрный көчөсүндөгү үч миңдей, Шанхай жана Кызылсаз аймагындагы жетимиштен ашык турак үй саздак жерде тургандыктан Өзгөчө кырдаалдардын көзөмөлүнө алынган. Анткени, адистердин айтуусунда бул үйлөр буга чейин эки жолу жаратылыш кырсыгына тушуккан.

-1996-жылы бизде чоң жаан болгон. Ошондо эле бул үйлөргө доо кеткен. 1999-жылдын декабрь айында дагы жер титирөө болгондо бул үйлөр таптакыр жараксыз болуп калган. Эл айла жок жашап жатат. Каякка барат,- дейт Аскат Эркинбаев.

Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчисинин айтуусунда, бул жерде жашагандар четинен көчүрүлүп, аларга бөлүнгөн 150 миң сомдон 250 миң сомго чейинки каражатка турак жай сатылып берилип жатат. Ээлери болсо кийин ал сумманы мамлекетке он беш жылда төлөп берет экен. Бирок, белгилеп кетчү нерсе балыкчылыктар үчүн мамлекеттин мындай чечими жер титирөө боло электе эле күчүнө кирген.

СЫРТЫНАН САТЫЛГАНДАРДЫ КУЛЧУЛУК ТАГДЫР КҮТӨТ

Жалалабатта 11-январда адам сатууну токтотууга байланыштуу тегерек үстөл талкуусу болуп өттү. Анда начар турмуш менен жумушсуздуктун айынан чет өлкөдөн иш издеген жарандар түрдүү кыйынчылыктарга туш болуп, алдамчы кишилер аркылуу сыртынан сатылып кеткени тууралу сөз жүрдү. Эл аралык миграция уюмунун талкууга катышкан өкүлүнүн айтымында, секс кулчулугунда болуп, чет өлкөдөн кайтарылгандардын 80 пайызын Сузак районунан чыккан кыз-келиндер түзөт.

Жумушсуз жана турмушу начар адамдар айлыгы мол иш таап берүүнү убада кылгандардын курмандыгына айланууда. Эл аралык миграция уюмунун долбоорун ишке ашырган лидер Аялдар биримдигинин өкүлү Гулфира Абдувалиеванын айтымында, Орусияда иштеген тажик гастарбайтерлерине Сузак районунан сатылган кыз күнү-түнү кызмат кылып, ур-токмогун жеген.

-Бир үй бүлөө - атасы, апасы, кызы, уулу жана небереси беш жыл мурун Казакстанга кетип, ал жерде кул болуп Кыргызстанга келе албай МОМ боюнча бул жерге келишти. Аларга биз паспорт алганга жардам бердик. Паспорттору жок экен.

Юрист Нурлан Касымбеков аталган райондо адам сатуу менен алпурушкан төрт киши кармалып, алардын ар бири 20 миң сомдон айыпка жыгылганын билдирди.

- Эл аралык миграция уюму тарабынан дагы эки факты катталды. Биринчиси, бул чет өлкөдө кыздарды сексуалдык эксплуатация кылган боюнча. Экинчиси, Түркиядан кайтарылып келген кыздар боюнча,- деди Нурлан Касымбеков.

Биримдиктин төрайымы Жанна Саралаеванын болжолунда адам сатуу фактыларына асыресе мыйзамды жана алданган маалда кайда кайрылаарын билбеген адамдар туш болууда. Облустан ыраак жайгашкан айыл-кыштактардын тургундары алданган маалда кантип «189» номерлүү телефонго чалуунун жол-жобосун билишпейт. Долбоордун жарнамаларын илүүгө жергиликтүү кызматтар кайдигер карашат. Саралаева айткандай, долбоордун эсебинен соңку эки жылда Орусия, Казакстан,Түркия өңдүү өлкөлөргө алданып барып, кайра келген 15тен ашык кишиге психологиялык, медициналык жана юридикалык жардам берилген.

Ички иштер башкармасынын өкүлү Динара Жураеванын жеке оюнда, акыйкаттык орнооруна ишенбегендиктен алданган адамдар тармактык уюмдарга кайрылбайт.
Ошондуктан Башкармалыкта бир дагы факты катталган эмес.

- Адамдардын кайрылбаган себеби- юридикалык маданият аларга жардам бербей турганын билишет. Конкреттүү жардам алаарына, адилеттиктин орношуна аларда ишеним жок,- дейт Динара Жураева.

Эл аралык миграция уюмунун өкүлү Калида Радишеванын маалыматы боюнча, чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтарылгандардын 80 пайызын сузактык кыз-келиндер түзөт.

- Сексуалдык зордук-зомбулукка туш болуп, чет өлкөлөрдөн, Түркия менен Араб эмираттарынан депортация болгондордун жалпы санынын 80 пайызы Жалалабат облусундагы Сузак районунун кыз-келиндери. Биз алардын коомго кайра аралашып, интеграцияланышына көмөк көрсөтүп жатабыз, - деди МОМдун өкүлү Калида Радишева.

КЫРГЫЗСТАНДА МЫЙЗАМ “БУЙЛАЛАНГАН ТӨӨБҮ?”

Коомчулукта мыйзамды жогорку деңгээлдеги жетекчилер, укук коргоо органдары өздөрү бузуп, бийликке карапайым калктын ишеними кетүүдө деген пикирлер айтылууда. Айрым саясатчылар март окуясынан кийин мыйзамды бузуу кадимкидей эле көрүнүшкө айланып баратканын айтышууда. Юстиция министри Марат Кайыпов азыркы бийлик мыйзамдуулуктун орношу, анын аткарылышы тууралуу аракеттерди көрүп жатканын билдирди.

Эл арасында Кыргызстанда мыйзам мурда эле будамайланып келсе, 24-март окуясынан кийин аткаруу бийлиги, укук органдары мыйзамдуулукту сактоонун ордуна, тескерисинче көз көрүнөө мыйзам бузууларга жол берип жатышканын айтышууда. Байкоочулардын баамында, мыйзамдуулуктун сакталбагандыгынан Каракече көмүр кени талоонго түшүп, Канттагы цемент-шифер ишканасы көзөмөлдөн чыккан. Менчиктештирүүдө мыйзам бузуулардын кеспетинен Оштогу Карасуу базарына жана башка жеке менчиктерге башка бирөөлөрдүн үстөмдүгү күчөгөн. Байкоочулар ошондой эле азыркы бийлик Бишкектин жана өлкөнүн башка аймактарындагы жер басып алууларды көзөмөлдөбөгөнүн, коомдо паракорчулук, жердешчилик эки эсе өскөнүн, кадр саясатындагы кемчиликтерге жол бергенин мисал келтиришүүдө.

Ошондой эле парламент тарабынан Конституциянын бир айда эки жолу кабыл алынышы, бийликтин оппозициялык маанайдагы саясатчыларды кысымга алышы, өз көз караштарын айткан депутаттарды коркутуп-үркүтүүлөрү коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып, коомчулукта бийликке ишенбөөчүлүк пайда болгонун белгилешүүдө.

Юстиция министри Марат Кайыпов бийликтин эл ишениминен кеткен себебин 24-мартта мурдагы бийликтин мамлекетти таштап качып кетүүсүнөн көрөт.

"2005-жылы 24-март күнү Кыргызстандагы расмий бийлик, президент баш болуп өз өлкөсүнөн качып кеткендиктен, бийликтин абройу таптакыр жоголгон. Азыркы келген бийлик,мына ушул мамлекеттик бийлик дегендин абройун көтөрүү менен алектенүүдө", -деди Марат Кайыпов.

Айрым саясатчылар Кыргызстанда мыйзам «буйлаланган төөдөй» болуп, бийлик аны каалаганындай бурмалап, өз кызыкчылыгына пайдаланып жатканын белгилешүүдө. Депутат Азимбек Бекназаровдун пикиринде, мыйзамды бийликтин жогорку тепкичиндегилер бузууда.

«Балык башынан сасыйт», дегендей, биз өзүбүз жогорку деңгээлдеги чиновниктер мыйзамды бузуп атабыз. Мына ошол Конституциянын бузулбасытыгына гарант болгон президент тарабынан, өкмөт тарабынан, ошол мыйзамдардын бузулбастыгын жана аткарылышын көзөмөл кыла турган прокуратура органдары тарабынан мыйзамдар «тандалма» иштейт."

Ал эми юстиция министри Марат Кайыпов, мыйзамдуулуктун бузулушу, жетекчилердин кемчиликтери, өзүм билемдиги тууралуу эл арасында айтылган сөздөрдө далил болуш керек деген көз карашта.

"Деги эле башка мамлекеттерде обу жок эле бийликти сындай беришпейт. Далили жок министрлер же бийликтегилер мыйзамды өздөрү бузат деп айта беришпейт. Алар биринчи далилди таап,ошону бетке коюп, анан кийин мобу сот, министр, мобу депутат же президент, премьер-министр мыйзамды бузду, деп айтышат.Эгерде обу жок эле сүйлөй бере турган болсо. Бийлик ага окшогон кишилерди ордуна коюш керек. Антпесе бийликте тартип болбойт,"-деди Марат Кайыпов.

СҮРӨТ БАЯН: КОЧКОР ЗИЛЗАЛАНЫН ЗЫЯНЫН ЭСЕПТЕП ЧЫКТЫ

Кочкор районунда жер титирөөдөн жабыркаган турак жайларды, имараттарды өкмөттүк комиссия текшерип карап бүтүп калды. Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Жаныш Рүстенбековдун айтымында, текшерүү Кочкорду жана Тоң районун, Балыкчыны кошуп алганда жалпысынан жети миңден ашык үй жабыркаганын аныктап чыкты. Алардын ичинде бир жарым миң үйдө жашоо мүмкүн эмес табылды. Мамлекеттик биринчи жардам ушул жашоого жараксыз үйлөрдү калыбына келтирүүгө жумшалат. Кочкор районуна өлкөнүн туш тарабынан, чет мамлекеттен дагы жардамдар келип түшүүдө. АКШнын өкмөтү 64 миң долларга жардам көрсөттү . Анын эсебинен райондук оорукананын ичинте чоң аскердик чатыр тигилди, анда медициналык жардам көрсөтүү борбору жайгашты. Мындан сырткары, жылуу кийимдер, төшөнчү орундар жеткирилди. Министр Ж. Рүстенбековдун эсеби боюнча, Кочкор районуна азыркы күнгө төрт миллион сегиз жүз миң сомдук жардам келди. Буга кошумча Бишкек мэриясы 3 жарым миллион сом жардам которуп жатканын билдирип, 25 автоунаа менен гуманитардык жардам жеткирди.























САУД АРАБСТАНДА КЫРСЫКТАН ШЕЙИТ КЕТКЕНДЕР ОШОЛ ЖАКТА ЖЕРГЕ БЕРИЛЕТ

Сауд Арабстанда жол кырсыгына кабылып, шейит кеткен кыргызстандык 22 атуулду ошол жакта жерге берүүнү алардын туугандары туура көрүп жатышат. Бул маалыматты "Азаттыкка" Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Жолборс Жоробеков билдирди. Учурда Ош облусунда жүргөн муфтий Мураталы Жуманов менен Жолборс Жоробеков набыт болгондордун жакындары менен жолугуп, кырсык тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. 12-январда Сауд Арабиянын Мадина-Дубай кан жолунда автокырсык болуп, андан Кыргызстандык 22 атуул кайтыш болгон. Өкмөт тарабынан дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында штаб түзүлүп, кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.

12-январда үч автобус менен Кыргызстандык атуулдар Мадинадан Дубайга баратышып, Сауд Арабстан менен Араб эмираттарынын чек арасынан 15 чакырымдагы Эль-Хуф-уф деген жерде алдыда бараткан автобус бет алдында келаткан автоунаа менен кагылышып, кырсыкка учураган. Жыйынтыгында 22 адам ошол жерден көз жумган. Каза болгондордун он экиси аял кишилер экен. 21 адам ар кандай даражадагы жаракат алып, ошол жактагы ооруканага жеткирилген. Өкмөт жарадарларды алып келүү маселеси каралып жатканын билдирген.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин төрага орун басары Аркарбек Садабаев «Азаттыкка» билдирген маалыматка караганда, кырсык калың тумандын кесепетинен болуптур. Кыргызстандык атуулдар 13-январда Дубайдан Ошко авиаучак менен учушмак экен. Мединадан Дубайга сапар алып баратышканда кырсыкка кабылышкан.

Бул кырсыкка байланыштуу Сауд Аравиясынын Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги нота жиберип, Араб эмираттарындагы кыргыз консулуна бул кырсыктан келип чыккан маелелерди чечүүгө ар тараптуу жардам көрсөтүүнү өтүндү. Азыр башкы консул менен анын орун басары окуя болгон жерде жүрүшөт. Алар кырсыкка учурагандарга жеринде жардамдарды берип, уюштуруу иштерин, укуктук, моралдык жактан көмөк көрсөтүүдө.

Тышкы иштер министрлигинин алдында консулдук кызмат боюнча департаментте бул кырсыкка байланыштуу маалыматтарды ыкчам алуу үчүн 66-32-50 деген телефондо «тез байланыш» ачылган.

БАЛА ТИЛИ КАЙДАН БАШТАЛАТ?

Көпчүлүк азыр деле орус тилдүү шаар деп аташкан Бишкекте жашап турушкан жаш жубайлар Асаналиевдердин үйбүлөсүндө болуп, алардын үч жаштагы кызы Назик менен сүйлөшө кеттим. Тили да, тарбиясы да кыргызча Назик кыз мага жомок айтып берди. Баарынан да анын Кыргызстандын Гимнин обону менен ырдап бергени өзгөчө таңгалтырды, анткени бизде үч жашар кыз эмес, кыргызмын деп жүргөн аттуу-баштуу жарандардын көбү гимндин обону тургай сөзүн тыңдап билишпейт эмеспи.

Назик азырынча балабакчага баралек, үйүндө тарбияланууда, анткен менен кыргыз ырларын бакчадагы балдардан кем билбейт. Ага ыр менен жомокторду жети жаштагы агасы үйрөткөн.

Ал эми кыргыз тилин үйрөнүү маселеси Бишкектин балабакчаларында кандай? Тарбиячылар Сайра менен Жылдыз айымдардын айтымында алар эмгектенген бакчада орус же тили буруу башка улуттардын балдары деле бирин-экин бар, мындайлардын ата-энелери балдарын кыргыз тилдүү бакчаларга, бир чети, кыргыз жеринде биротоло жашап кала тургандан кийин түпкү улуттун тилин үйрөнүп алсын деген ниетте, бир чети, жашап турган району ошол бакчага жакын болгондуктан алып келишерин айтышат.

Кыргыз эмес улуттун балдары бакчадан тилди жеңил үйрөнүшөт, анткени алардын айланасында таң аткандан кечке дейре кыргыз балдары чогуу жүрүшөт дешет. Бирок, Гүлай айым уул-кыздарын кыргыз тилине эмес орус тилине тарбиялап жатканын, анткени мамлекеттик тили кыргыз тили болгон менен Кыргызстанда кыргыз тили менен жан багуу кыйын экендигин айтат. Тилекке каршы Гүлай айым сыяктуу кыргыз тилинин келечегине ишенбегендер али деле Бишкекте басымдуу көпчүлүктү түзөт.

Дагы бир сөз кыла турган маселе-Бешик ыры. Илгери энелер бешик термеп олтуруп, наристелерин бешик ыры менен чоңойтушканын, бешик ыры канына сиңип эр жеткен улан-кыздар ыймандуу жана мекенчил болорун, тилекке каршы мындай керемет адат акырындап унутулуп баратканын айтышат.

Бишкектик Арген Бектемир уулунун эсинде ага апасы ырдап берген Бешик ырынын эки сабы гана калган. Эл эми Арген өңдүү балдардын көбү Бешик ыры эмне экенин такыр эле билишпейт.

Бешик ырын угуп өспөгөн бала бала болобу?
Бешик ырын ырдап, бешик терметпеген эне эне болобу?
Бешик ырын билбеген жети атасын билбегенден да жаман экенин ойлогондор барбы?

Бешик ырын унуткандар туулуп-өскөн үйүнүн жытын, туулган жердин шыбак менен эрмен жыттанган тоолор менен талааларын унутушат. Ушул жытты унуткандар эртедир-кечтир өзүлөрүнүн кыргыз экендигин да унутушат, акыры алар өлгөн соң алар жаткан мүрзөлөр да унутулуп, жер менен жексен болот.

Унутулган Ата Журт… Унутулган Бешик ыры… Унутулган арбактар… Айткылачы, эркектер үчүн бир кезде ата-бабалары талаа арстандары аталып, Азиянын бетине тамга салып, ат кулагы менен тең ойногон эр жүрөк экенин унутуп салгандан өткөн шермендечилик болобу?

Анда уктуруубуздун соңун акындын мынабул саптары менен аяктайлы.

Адамдар көп азыр каны бир,
Ата Мекен ага баары бир.
Бир карыш жер бизден жок болгон,
Бир кыргыздын өчкөн жаны, бил.

Тизгин тартып атың токуп ал,
Тиреп турсун көктү чокулар.
Жигер берсин Теңир кыргызга,
Жигиттерди берсин оту бар.

Сен да балам сөздү элей жүр,
Сезимиңди селге теңей жүр.
Оту жоктор элин кор кылат,
Оту жокту кыргыз дебей жүр!...

ПРЕЗИДЕНТКЕ ЖАСАЛМА БАШ МЫЙЗАМ СУНУШТАЛДЫБЫ?

Баш мыйзамдын президенттин кол коюусуна сунушталган нускасы менен парламент 30-декабрда кабыл алган нускасынын ортосунда ыйгарым укуктарга байланышкан олуттуу айырмачылык бар. Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров бүгүн ушундай мазмундагы билдирүү жасап, президентти кол койбоого чакырды. Баш мыйзамдын жаңы редакциясы 31-декабрдан бери президенттин кароосунда турат. Бейшембиде өткөн Коопсуздук кеңеши бул документке кол коюуну президентке сунуштаган болчу.

Депутат Азимбек Бекназаровдун билдиргенине караганда, Баш мыйзамдын президентке сунушталган нускасында парламентте талкууга түшпөгөн жоболор кирип кеткен:

- Бул редакциялык өзгөртүү эмес, техникалык өзгөртүү эмес. Конституциянын принцибин жок кылып атпайбы: премьер-министрди президент дайындайт, президент бошотот. Кыргыз өкмөтү президенттин алдында жоопкерчилик тартат жана көзөмөлүндө болот. Андай болгон эмес да. Жогорку Кеңештин алдында жооптуу.

Бекназаров оппозициянын өкүлдөрү Темир Сариев менен Өмүрбек Текебаев кол койгон макулдашылган вариант боюнча жети жобого гана өзгөртүү кирген дейт. Буга чейин баш мыйзамга кыркка жакын өзгөрүү киргени кабарланган. Ошондуктан, депутат дүйшөмбү күнгө чейин Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын эки башка нускасын тең ийне-жибине чейин териштирип туруп, айырмачылыктар боюнча парламентте билдирүү жасаганга камынып жатат:

- Стенограмманы, аудио, видеотасмалардын баарын алып койдум. Эгерде, президент ушуга кол кое турган болсо, президент өзү эртеби-кечпи кепил катары туруп, биздин айтканыбызга карабай туруп Конституцияны бузса, кол койсо, анда чыныгы узурпатор болот. Анткени, бардык өзгөртүүлөр президенттин гана укуктарын көбөйткөн беренелер экен.

Азимбек Бекназаровдун мындай дооматы чындыкка дегеле коошпойт деп билдирди ушул эле күнү президенттин маалымта катчысы Нурлан Шакиев:

- Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов өзү кеңири, так, даана кылып өзгөрүү, толуктоолор кайсы жерде болгонун айтып берген. Мамлекет башчы эч качан андай кадамга барбайт. Анан жанагыдай президент өзү билбей калышы мүмкүн. Администрация, жанындагы адамдар ошондой ишке түртүп атат деген чындыкка дал келбейт. Себеп дегенде баш мыйзамга кол коюп атканда президент сөзсүз, ар бир, биринчи беренеден акыркысына чейин, үтүр, чекитине чейин карайт.

30-декабрда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы макулдашылып кабыл алынганын анын тарапкерлери тынымсыз кайталап келатышат. Ага президент ушул апта башында кол коеру күтүлүүдө.

Мындай маалыматты парламент спикери Марат Султанов Жогорку Кеңешке өзү ырастап айта кеткен болчу:

-Мурунку долбоорго караганда, алда-канча жылыштар бар экенин көпчүлүк айтты. Эми анча мынча сындар болду, Конституциянын укугун кичирейтип коюптурсуңар деген көз караштар айтылды. Коопсуздук кеңештин мүчөлөрү бардыгы толук курамы менен, Конституциянын жаңы редакциясын колдоп, президентке ушундай сунуш киргизишти, ушул Конституцияга кол коюп бериңиз деген.

Бирок, депутат Азимбек Бекназаров Баш мыйзам ушул калыбында кабыл алынып калса, Жогорку Кеңештин төрагасы да, Президент да атайын жашыруун макулдашып алган тараптар катары доого жыгылышы толук ыктымал деп эсептейт. Бекназаров өзү көтөргөн маселенин акыйкатын аныктоо үчүн эл аралык сотко чейин кайрылышы ыктымал экендигин белгиледи.

АЖЫЛЫК САПАРГА БАРЫШКАН КЫРГЫЗСТАНДЫК 22 АТУУЛ АВТОКЫРСЫКТАН ШЕЙИТ КЕТТИ

12-январда Сауд Арабиянын Мадина-Дубай кан жолунда автокырсык болуп, андан Кыргызстандык 22 атуул шейит кетти. Учурда өкмөт тарабынан дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында штаб түзүлүп, кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.

12-январда үч автобус менен Кыргызстандык атуулдар Мадинадан Дубайга баратышып, Сауд Арабстан менен Араб эмираттарынын чек арасынан 15 чакырымдагы Эль-Хуф-уф деген жерде алдыда бараткан автобус бет алдында келаткан автоунаа менен кагылышып, аварияга учураган. Жыйынтыгында 23 адам шейит кеткени айтылган. Бирок, Кыргыз Өкмөтүнүн басма сөз кызматы тараткан соңку маалыматка караганда, шейит кетти деген зыяратчылардын тизмесинде бир адам тирүү болуп чыккан. Ал мурда жарыяланган тизмеде 17 номурдагы адам - Саитхасилов Усманжан. Демек, курман болгондордун саны 22 адам.

Маалыматка караганда, кырсык калың тумандын кесепетинен болуптур. Кыргызстандык атуулдар 13-январда Дубайдан Ошко авиаучак менен учушмак экен. Кырсыктын чоо-жайын Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин төрага орун басары Аркарбек Садабаев мындайча чемеледи.

"Биздин атуулдар автобус менен Мадинадан Дувайга кетип баратышып, Сауд Аравиясы менен Эмираттын чек арасына он беш чакырым жетпей, туманда автобус кырсыкка учурады. Кырсыктын жыйынтыгында 23 атуулубуз каза болду. Үч киши оор жарадар. Калгандары аман-эсен," -деди Аркарбек Садабаев.

Бул кырсыкка байланыштуу Сауд Аравиясынын тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги нота жибергенин аталган министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси Нуржигит Кадырбеков билдирди.

"Сауд Аравиясынын Тышкы иштер министрлигине бүгүн нота жибердик. Эмираттардагы генералдык консулдук кызматтарга ар тараптуу жардамдарды көрсөтүүнү өтүнүп. Себеби, бул окуя ошол жерде Сауд Аравиясынын Эль-Хуф-уф деген жеринде болуп атат. Тышкы иштер министрлигинин алдында консулдук кызмат боюнча департаментте бул кырсыкка байланыштуу маалыматтарды биздин атуулдар алуусуна шарт түзүп 66-32-50 деген телефондо «тез байланыш» ачтык. Азыр башкы консул менен анын орун басары окуя болгон жерде жүрүшөт. Алар кырсыкка учурагандарга колунан келишинсе жеринде жардамдарды берип, уюштуруу иштерин, укуктук, моралдык жактан көмөк көрсөтүүдө,-деди Нуржигит Кадырбеков.

Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы Жуманов менен Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Жолборс Жоробеков бүгүн кечте Ошко жол тартышмакчы. Алар шейит кеткендердин үйбүлөсү, туугандары менен жолугушуп көңүл айтып, баарлашмакчы. Шарияатта «ажылыкка баргандар Медина, Меккеде шейит кетсе, бейишке чыгат, сөөгү ошол жерге коюлат»- деген кеп бар. Бул тууралуу муфтий Мураталы ажы Жуманов буларга токтолду.

"Биз ошол курман болгондордун үйбүлөсү, тууган-уруктары менен сүйлөшмөйүнчө мындай деп кесе айтыш кыйын. Негизи шарият боюнча, булар эми ажы болду. Экинчиден жол кырсыгына туш келип атат. Шариятта муну түз эле шейит кетти деп айтылат. Анан эч кандай күнөөсү жок түз бейишке барышат. Бул маселе шариятта бар. Мүмкүнчүлүктүн барынча ошол маркум болуп өткөн жерге коюлганы туура болот, шарият боюнча. Эми биз тууган-уруктары менен бул маселени түшүндүрүп айтабыз. Мүмкүн Сауд Аравиясына коюлат го. Бирок бул азыр так чечиле элек."

Маалыматка караганда каза болгондордун он экиси аял, он бири эркек экен. Кырсыктын натыйжасында, 21 адам ар кандай даражадагы жаракат алып, ошол жактагы ооруканага жеткирилген. Өкмөттүн социалдык–маданий иштерди өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Акылбек Дүйшөмбиевдин айтымында, учурда жарадарларды алып келүү маселеси каралууда.

КЫРГЫЗСТАНДЫН 23 АТУУЛУ АЖЫЛЫК САПАРДА КЫРСЫКТАН КАЙТЫШ БОЛДУ

Кыргыз өкмөтү Сауд Арабстанда ажылык зыяраттан кайтып келе жатып жол кырсыгынан кайтыш болгондордун тизмесин таркатты. Тизмеге караганда, көз жумгандардын саны 23, алардын баардыгы Кыргызстандын атуулдары, көпчүлүгү Ош областынын жашоочулары. Алардын ичинде он экиси аял кишилер. Азыркы учурда Кыргызстандын өкмөтү кырсыктын чоо жайын, себептерин иликтеп, жол кырсыгынан көз жумгандардын сөөгүн Ата журтуна алып келүүгө аракет көрүүдө.

Сауд Арабстанда жол кырсыгынан кайтыш болгон кыргызстандык атуулдардын тизмеси

1. Абдулкаримов Джали,1927-жылы туулган, К-Суй. р-ну, Кашкаркыштак айылынын тургуну.

2. Абдулкаримов Тахиржан, 1959-жылы туулган, Кашгаркыштак айыл өкмөтүнүн тургуну.

3. Акбаров Ырислик,1941-жылы туулган, Аравандык.

4. Ахмедова Уулкан, 1932-жылы туулган.

5. Иминова Назирахан, 1953-жылы туулган.


6. Байдиров Муминжан, 1972-жылы туулган, Аравандык.

7. Баратов Жалил



8. Буранов Хурматилло, 1957-жылы туулган,Карасуу району, Кызылкыштак а/ө.

9. Буранова Октомхан, 1959-жылы туулган.


10. Камилова Кутбархан,
1942-жылы туулган, Ош ш.

11. Мамажанова Инобатхан,1949-жылы туулган, Кашгаркыштак а/ө.

12. Марибаева Турсунхан, 1955-жылы туулган, Ноокат районунан.

13. Масидиков Камилжан, 1941-жылы туулган, Кашгаркыштак а/ө.

14. Масидикова Мамирхан,
1942-жылы туулган, Кашгаркыштак а/ө.

15. Ражапова Балтыхан, 1937-жылы туулган.

16. Саитхасилова Угулхан, 1946-жылы туулган, Карасуу району. Шарк айылы.

17. Тажибаева Диларамхан, 1957-жылы туулган.


18. Тургунова Патилахан, 1939-жылы туулган, Араван.

19. Хакимов Муминжан, 1939-жылы туулган, Араван.

20. Хафизов Камал, 1956-жылы туулган, Ош ш.

21. Хафизова Мухарам,1959-жылы туулган, Ош ш.

22. Юсупжанов Имин, 1943-жылы туулган, Кашгаркыштак а/ө.

12:55 Президент К. Бакиев ажылык сапарда курман болгондордун үйбүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты

Президенттин маалымат кызматынын бүгүн "Азаттыкка" билдиришинче, Президент Курманбек Бакиев Сауд Арабиясында ажылык сапарда жүрүп жол кырсыгынан набыт болгон кыргызстандыктардын үйбүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты. Ошондой эле ал жабыркагандарга жардам берүү, набыт болгондордун сөөгүн атажуртуна алып келүү жаатында иш алып барып жатышкан Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен Тышкы иштер министрлигинин иштерин көзөмөлдөөнү Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровго тапшырды. (IJz)

АПТА КААРМАНЫ – ТЕМИР САРИЕВ

Бишкек-Стамбул сапарында Жогорку Кеңештин депутаты, «Социал-Демократтар» партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Темир Сариевдин ири өлчөмдөгү акча менен кармалып, ал факт боюнча башкы прокуратура 9-январда кылмыш козгогон. Кыйла байкоочулар бул окуя депутат Темир Сариевге саясий упай топтоп, ал аркылуу оппозиция өзүнө коомчулуктун көңүлүн дагы бир ирет бурдура алды деп жатышат.

Ишкер Темир Сариевди коомчулук саясатчы катары ал Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болуп келген 2000-жылдан кийин биле баштаган. Бирок, ал өзүн бийликке акааратчыл саясатчы катары азыркы парламентте көрсөтүп жатканын, мурдагы депутаттык ишмердигинде урунттуу учурлар аз болгондугун замандаштары айтып жүрүшөт.

Атаандаштарынын баамында саясатчы ал кездеги президент Аскар Акаевдин саясатын колдогон үчүн ашык да, ачык да кадамдарды жасаган эмес. Маселен, экс-президентке каршы көптөгөн акциялардын ана башында жүргөн укук коргоочулардын бири, азыркы президенттин карамагындагы укук коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акундун көз карашында Үзөңгү-Кууш келишимин колдоп добуш бериши Сариевге ушундай жардык такты:

- Кыргызстандагы күчтүү саясатчылар он чакты болсо, ошонун бири Сариев. Анын өзүнчө үнү, күчтүү позициясы бар. Ал Акаевге деле толук жан тартып кеткен эмес. Каршы да чыккан эмес. Кандайдыр бир деңгээлде Акаев менен кызматташып да жүргөн. Үзөңгү-Кууш боюнча Темирдин позициясын мен колдобойм. Патриот катары азыркыдай туруп койгондо, Темир сыяктуу бир топ депутаттар турганда эле ратификация болбойт эле да.

Турсунбек Акун Сариев азыр бышып жетилди, Кыргызстанда он чакты күчтүү саясатчы болсо ошонун бири дейт.1990-жылга чейин Коммунисттик партиянын мүчөсү болуп келген Сариев март ыңкылабынан кийин Социал-демократтар партиясынын катарына кирип, дароо төрага орун басары болуп шайланды:

- Партияга өтүүнүн бир топ себептери бар. Билесиздер, акыркы убактарда ушунун айланасында бир топ сөздөр болуп жүрөт. Мен 90-жылдын апрель айында коммунисттик партиянын катарынан чыгып кеткем. Эскертип коеюн, токсон биринчи эмес, токсонунчу жылы, ошондон бери бир да партиянын мүчөсү болгон эмесмин, бир топ сунуштар болгонуна карабай. Бирок, акыркы убактарда саясий багытыбыз анык болуп калды.
Бул чечим партияга канчалык аброй алып келсе, Сариев да партияга кирүү аркылуу өзүнүн саясий салмагын арттырууга жетишти. Бул кадам аны президент Курманбек Бакиев баштаган азыркы бийликке ачык оппозицияга чыккан Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров өңдүү салмактуу саясий лидерлердин катарына теңеди. Бир нече партия менен жарандык лидерлердин башын кошкон «Реформа үчүн!» кыймылынын өткөн бир жыл ичиндеги акыркы аракеттеринин бардыгында: апрелде, майда жана ноябрда өткөн нааразылык акцияларынын учурунда Темир Сариев алдыңкы сапта жүрдү. Президент Курманбек Бакиев менен премьер министр Феликс Куловдун, алар түзгөн тандемдин кетишин кескин талап кылган саясатчылардын бири дал ушул Сариев болду.

Ошол эле учурда депутаттын атаандаштары аны жердешчилдиги үчүн сындап жүрүшөт. Мындай дооматты койгон «Асыл ой» жарандык бирикмесинин мүчөлөрү депутатты былтыр Сокулукта жер талаш учурунда массалык чыр-чатактарды чыгарууга түрткөн деп айыптап жүрүшөт. Депутаттын өзүнүн айтымында, бийлик адамдары учурда аны 17-июнь окуясын уюштурган Урмат Барктабасов менен байланышы бар деп эсептешүүдө:

- Ушу мени Барктабасов менен байлап, ушу Барктабасов менен тыйын алып, анан кийин ушу март-апрель айларында Бишкекте чоң бир акцияларды өткөргөнгө даярданып атыптыр деп. Мен булардын логикасын түшүнбөйм. Бир четинен мен Барктабасовдон акча алып атам дагы, бир четинен чет өлкөгө акчаны чыгарып атам.

Бийликти колдогон «Эркиндик» саясий партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев болсо Сариев кирген оппозициялык күчтөр өз ишмердүүлүгү үчүн мындай каражаттарды үзгүлтүксүз алып келатканына терең ишенет:

- Менин так далилим жок. Бирок, Барктабасов менен бүгүнкү оппозициянын далай-далай түздөн-түз байланышы болгон. Далайлары акча алган.

Сариевдин оюнда, мындай ойлор анын реформачыл көз карашын жактырбагандардан чыгып жатат. «Манас» аба майданындагы окуяны да депутат өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Темир Сариев өзү айткан он миң долларын окуя катталгандан кийин кайра жанына салып кеткен, Бирок, баары бир факт боюнча башкы прокуратура иш козгоп, териштирүүнү улантып жатат.

Башкы прокурордун маалымат катчысы Токтогул Какчекеев депутат мыйзамды аткарбаганы көрүнүп эле турат дейт:

- Декларация толтурулган эмес, демек, бул жерде катачылык болгон.

Депутаттын санаалаштары мандемдин бардыгы мамлекеттик саясатта дешет. «Реформа үчүн!» кыймылындагы таасирдүү саясатчылардын бири саналган депутат, Демократиялык күчтөр биримдиги партиясынын лидери Кубатбек Байболов, маселен, мындай дейт:

- Албетте, бул «бозала борук, болбогон жорук» да. Бура сүйлөгөндөрдүн баарын тең эле жок кылабыз деген саясаттын өзү түпкүлүгү жок саясат. Бир эле Бекназаровду камайм деп Акаев эмне болду эле. Айтор, зордук саясат зордук менен бүтөрүнө саясатчылардын деле көзү жетер учур келип калды.

Экс-прокурор «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери, депутат Азимбек Бекназаров күч бийлиги мыйзам сактоого эмес, оппозицияга бириккен саясатчыларды бирден «сындырууга» кызыкдар болуп жатканын айтат. Анын көз карашында Сариевдин окуясы боюнча иш козгоо мыйзамга туура келбейт.

Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабековдун айтымында, кеп бир депутаттын мыйзам бузганында эмес, өлкөдөн чыккан жана кирген адамдардын каражаттарын текшерүү тартибинин жоктугунда болуп жатат:

- Сариев акчаны уурдап алган болсо тергөө жүргүзүшсүн да. Бирок, менин угушумча банктарда андай акчалар жоголгон жок. Анын үстүнө Сариев кедей жигит эмес экенин мен билем. Ишканалары бар болчу мурда. Ишкер болуп жүргөн.

Темир Сариевдин өзүнүн айтымында, Кыргызстандагы бир топ ишканаларда анын үлүштөрү бар жана андан жылына жүз миң доллардын тегерегинде киреше алып турат.

Талдоочулар Сариевди жеке эле байлыгы менен эмес, бекем позициясы, өзгөчө үнү менен да көзгө илинип келаткан жаш саясатчылардын катарына кошуп келатышат. Акыркы окуя депутаттын аброюн түшүргөнгө караганда, кайра атын чыгарууга жардамдашты деген көз караштар да арбын айтылууда. Мындай көз карашты Президенттин карамагындагы укук коргоо комиссия башчысы
Турсунбек Акун колдоду:

- Мына эл арасында Сариевдин рейтинги аябай өсүп кетти. Оппозициянын лидерин каралап, кайра президентке жакшы көрүнөйүн деп атышат, тескерисинче, президентти жаманатты кылып атышат булар.

Президент Курманбек Бакиев болсо кыябы келгенде катарына Темир Сариев кирген өзүнө оппозициячыл саясатчылардын ишмердүүлүгүн сынга алып жүрөт.

САБИРА КҮМҮШАЛИЕВА: “САХНАНЫ САГЫНДЫМ, ЭЛДИ САГЫНДЫМ, ЭЛ МЕНИ САГЫНГАНДЫР...”

Таланттуу адамдын байлыгы болбойт, тагдыры болот” деп эл оозунда көп айтылат. Мына ушундай тагдыр Сабира Күмүшалиева сыяктуу турмушта чыйрак, залкар таланттын өмүр-тагдырынан улам айтылса керек. Улуу актер, маркум Муратбек Рыскуловдун өмүрлүк жары “Кыргыз эл баатыры” Сабира Күмүшалиева үч жылдан бери төшөктө. Ага 2005-жылы жолугуп, ал-абалын сураганыбызда кокусунан жыгылып, ошондо эске тутуусу начарлап, басалбай калганын айткан. СССРдин артисти Муратбек Рыскулов менен таланттуу актриса Сабира Күмүшалиеванын баш кошуусу, театрда бирге иштеп калуусу эмгекте, үйдө болсун эриш -аркак болуп, Кыргыз академиялык драма театрында айтылуу артисттерди өстүрүүгө шарттаган. Эки жубай сахна жылдызына айланып, кыргыздын драмалык өнөрүнүн үлгүсү болгон.

Сабира Күмүшалиева 1935-жылы Бишкектеги педагогикалык окуу жайын бүтөөрү менен Кыргыз музыкалык драма театрынын босогосун аттайт. Тагдырдын бир жарк эткен бактылуу учурлары актрисанын түшүндө көргөн бир ажайып окуядай болуп калды. Муратбек Рыскулов менен баш кошуп жашаган жылдарын, белгилүү инсандар, курбу-курдаштары, бирге иштегендер менен катарлаш баскан жаштык курагын элестөөгө алы келбей, карылыктын оорусу шаштысын алып туру. Ал бери дегенде үч жылдан бери үйүнөн алыс чыга албайт. Бир жагынан карылык, экинчиден оору коштогон оор тагдыр. Ал атактуу актриса кутмандуу 90 жаш курактын тузун татып жатканын белгилеп:

-“Сахнаны сагындым, эл, калайык калк, менин көрармандарыма бир көрүнсөм болот эле деген армандамын. Элден айлансаң аздык кылат. Элиме ыраазымын”,- деген эле.

Ушундай деген Сабира Күмушалиева канчалык кыйналып-кысталып турса да өмүрлүк жары Муратбек Рыскулов тууралуу эскерип, кээде үшкүрүп, анан айрым кесиптештери жөнүндө эсине түшкөндөрүн айтып отурду:

-“Мукем ооруп кыйналганда абдан катуу кыйналгам. Жаны кыйналганда онтогондун ордуна монолог айтып турду, шумдугун кургур десе. Жакшы болуп кетет деген үмүт зор эле... Катуу ыйладым, кошокчу да болуп кеттим. Бир жолу спектакль коюп, кеч чарчап-чалыгып үйгө келдик. Мукем бир аз уктап туруп алып, мени ойготот: “Сакиш спектаклди жакшы аткардык ээ. Турчу. Айтчы бул репликаны.-- деп түн бир оокумда репетиция жасайбыз. Эми “Оттелону” кандай ойнойт болдук экен. Көрө жатарбыз ээ, кудай буюрса жакшы болор ээ, Сакиш:- деп кыйкыра сүйлөп. Кайраным десе. Анан Таттыбүбү укмуш сонун актриса эле. Сулуулугун айт. Адамгерчилигичи. Эмненин башын оорутасың. Аны таанышкан жок. Ар кандай эл болот экен. Мен болсо 14 жашымда театрга келгем. Анда машина кайдан. Жөө жүрүп эл кыдырчубуз. Бир жолу караңгыда коркуп суунун жээгине түнөп калганбыз”.

Сабира Күмүшалиева өзү айтып жаткандай театрдын босогосун, аттап, жүгүн көтөрүүгө бел байлаганда араң эле 14 жашта экен. Атактуу актрисанын сахнаны “сагындым”- дегени элди сагынганы, эл болсо Сабира Күмүшалиеваны сагындык дегендей ойду туудурат. Өлкөнү, элдин башына түшкөн кыйын кездерде шайырлардын жөө-жалаңдап эл аралаганы, калкты жакырчылык желкеден басып турса да ак ниет, меймандостугун айтып: “Кыйын мезгил бизди мерез кылган жок “-дейт. “Заман элдин пейилине жараша өзгөрөт дегенге каршымын. Заман, мезгил эч качан өзгөрбөйт”- дейт.

Тубаса актрисалык талантты, табыйгат Сабира энеге аянбай мол берген. “Адам жана тагдыр уктуруубуздун” бул сапаркы каарманы айтып жаткандай, аялдар коомдо теңдешсиз аруулукту, таланттуу экенине карабай оору, карылык деген көлөкөдөй ээрчип, жашап келет тура. Адам баласынын бир өксүгү татаал тагдыры мына ушундай бейм. Көрсө ал карылык тагдыр залкар жашка, каарлуу, кыйын адамга карабайт тура. Тирүүлүк деген улуу сөздүн артында эчендеген бактылуу өмүрлөр, күндөр жатпасын көрсө аны кайгылуу күндөр да коштоп жүрөт тура.

Кезинде СССРдин, Кыргыз республикасынын эл артисти Муратбек Рыскулов жана Күмүшалиева улуу артисттерден болгон. Эки шайырдын бирге жашашы бирине бири канат- бутак болуп, жемиштүү иштөөлөрүнө шарт түзгөн. Алар бир канча жыл бирге сахнада, үй-бүлөлүк турмушта тагдырдын ысык –суугун да бирге бөлүшкөн. Ал “Сабира Күмүшалиева” аттуу китепте кенири баяндалган.

Китептеги эсселерге караганда өнөр өргөсүндө Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты” деген көркөм филимге тартылуудан коомчулукка өзгөчө тааныла баштаган. Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүковалардын жаркын шыгы театрдын сахнасында жанса, Сабира Күмүшалиеванын шыгы кинодо жалбырттай жанган.

Таланттуу актрисанын туубаса шыгы Касымалы Жантошевдин “Карачачында” “Карачачтын”, Жусуп Турусбековдун “Ажал ордуна” драмасында Зулайканын, Молдогазы Токобаевдин “Кайгылуу какейинде” Зууранын, Жантошевдин “Курманбегинде” Гулгаакынын ролдорун аткарууда театр сүйүүчүлөрдүн сүймөнчүгү болуп калган. Сабира Күмүшалиева башкалардан айырмаланып комедиялуу курч мүнөздөгү образдарды эң мыкты аткарган көп кырдуу актриса.

Ал айрыкча Абдашым Көбөгөновдун “Болот менен Тынарынан” Мастандын, Т. Абдымомуновдун “Тар капчыгайынан” Майсалбүбүнүн, Б.Жакиевдин “Атанын тагдырынан” Оңолкандын, Ж. Садыковдун “Күйөө жолдошунан” Багындаттын комедиялуу ролдорун көрүүчүлөрдүн көңүлдөрүндө түбөлүккө жашай тургандай ашкере чеберчиликте аткарган. Ал эми кинодо болсо Болот Шамшиевдин “Караш караш” окуясынан Тайлактын энесинин, “Ак кемесинен” Карыздын ролдорун, Океевдин “Уркуя” кинофильминен Уркиянын энесинин ролун элестүү аткарууга жетишкен.

“Уркуяны, менин кызымды басмачылар мууздап кетишпеди. Балдардын ымыркайын көтөрүп, беркилерди жетелеп алоолонгон оттон чыгып кетиш керек болду. Режиссерлор урушуп атышат:”өлтүрүп аласыңар, анткиле минткиле” деп. Мен балдардын колунан катуу кармап өрт аралап чыгып баратам. Кызымдын, Уркуянын аты бизди көрүп жерди чапчып, кишинеп жиберди. Шумдуктуу десе. Ошондо мага там беришкен. Анда уулум Искендер Уркуянын жолдошу нун ролун аткарган эле. Там күйгөндө уулумдун бутуна күйүп жаткан чычала түшүп кетиптир. Буту күйүп жатса да байкуш кыймылдабай жата бериптир. Кино үчүн ошентип жатпайбы бузулуп калат деп. “Ак кемени” тартуу да абдан эле кыйын болду. Бешиктеги бала режиссер Болот Шамшиевдин баласы да. Эч ким баласын бербей койду. Бугу эне көлдү жиреп, бешикти көздөй келатканын карап туруп, сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибериптирмин,” — дейт Сабира эне театрдын түмөн-түйшүктөрү тууралуу.

Айтмакчы “Төкөлдөштүн төрт кызы” демекчи Бакен Кыдыкеева, Сайра Кийизбаева, Даркүл Күйүкова, Сабира Күмушалиева булар тагдырдын буйругу менен шаарга жакалай жайгашкан айылда жашагандыктан шыктары эрте ойгонуп, бириси опера ырчысы калган үчөө драма театрынын актрисаларынан болушкан.

Китептеги мындай урунттуу жерлер Сабира Күмушалиеванын эсине түшкөнүнө сүйүндү белем, айрыкча Таттыбүбү Турсунбаева менен көп ролдордо бирге ойногонун сыймыктануу менен айтып, ырдап берсеңиз деген өтүнүчүбүздү да четке какпай эсине түшкөн элдик ырдан үзүндү ырдап, бир каткыра күлүп калды. Ал күлкүнүн шыбагасы белем Сабира эне оорунун айынын баспай төшөккө жатып калды. Тагдыр ушунусу менен тагдыр тура.

БАЗАР БАЛДАРЫНЫН КЫЯЛ ЧАБЫТЫНДА ЭМНЕ БАР?

Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек Базарда иштеген өспүрүмдөрдүн алгачкы чыгармалар жыйнагы жарык көрдү. “Чиркин өмүр” аттуу китепче Балдарды коргоо борборунун “Көчө балдарына билим берүү” долбоорунун алкагында чыккан. Анда тестиерлердин жашоо-турмуш, ата-эне, базар, билим, сүйүү жана башка темага арналган тун ырлары камтылган.

- Аракты көп ичпегин,
Акылыңдан кетпегин.
Таштадың бизди көчөгө,
Таштадың бизди кыйынчылыкка,
Таштадың бизди ачкачылыкка,
Таштадың бизди жалган жашоого,
Түшүндүм жашоону кичинемден,
Көрдүм мен эл көрбөгөн жашоону кичинемден...

14 жаштагы Зыйнат Туратбек кызынын “Атама кат” деген бул ыры алгачкы чыгармаларынан. Зыйнат азыр базарда иштебей калган. Мектепте окуп жатат. Турмуштагы тартыштыктын улам базарда эртели-кеч иштеген күндөрүн “Балдар жөнүндө” деген ырында чагылдырган:

- Иштейбиз базарда күн сайы,
Иштейбиз базарда түн сайын
Иштейбиз базарда түбөлүк.
Иштебей калдык биз базарда.
Жардам алдык биз сиздерден
Берсин кудайым болушунча береке...

Мейилкан Нурмамат кызы “Окуучулук күндөрүм” деген ырында мектепке барбай калып, окуп билим алып жүргөн күндөрүн самайт. Айылдан келип ижара үйдө жашап, бир нече жыл окуудан калган.

Кийин шарт болсо гана билимге кайтып келген Мейилкан өңдүү өспүрүмдөр азыр Кыргызстанда миңдеп саналат:

- Мен айылдан бул жакка келгенде окубай калгам. Анан Ош базары жактагы 10-мектепте окугам. Анан “Келечекте” мектеп ачылып, ошо жакта окуп атам.

Ошол бойдон эстей берем ал күндөрдү,
Жетпей келем артта калган бактылуу күн
Азыркыдан артык экен...

Бул китепчеде балдар апаларына ырларын арбын арнаган. Мындан Мейилкан да четте калган эмес:

- Эстей берем ардагым апа!
Элесиң көз алдымдан эч кетпеди,
Кайда жүрсөм ойлой берем апа сени.
Түбөлүккө керексиң бизге, эне оорубачы
Санаа тартпа, кейибе сыздабачы
Турмуштун оор жүгүн көтөрсөң да.
Ардагым жаным апа, ак сүтүңду качан актайм,
Сен айткан насаатыңды бекем сактайм.

“Балдарды коргоо” борборунун социалдык кызматкери Закия Окенаеванын айтымында балдардын мындай өнөрү борбору үчүн жана ата-энелерге да чоң ачылыш болгон.

Аталган борбордун келечекте базарда иштеген өспүрүмдүн талантын өркүндөттү боюнча дагы бир топ иштердин жасоо ниети бар:

- Биз үчүн абдан кубаныч болду. Көрсө биздин балдардын жөндөмүнө кичине түрткү берип койсо, буларда көп нерсе жатат. Мына ушуна ачыш керек деген ой-максат менен, биз балдар жазган ырларды чогултуп, ушундай китепче чыгардык - дейт социалдык кызматкер Закия Окенаева

“Балдарды коргоо” борборунун программаларын катышып жүргөн Мээрим аттуу 15 жаштагы өспүрүм кыз да ойлорун ырга салат. Көлдөн апасы менен көчүп келгенине бир топ жыл болуп калды. Базарда иштөө башынан өткөн Мээримдин кыялдары жөпжөнөкөй. Тогузунчу классты бүтүрүп, окуу жайга тапшырып телефонистка болгусу келет:

- Мектептен чыккандан кийин базарга барып арча сатчумун.

- Бир күндө канча акча тапчу элең?

- Ар кандай эми. Жүз сом, кээде сексен сом.

- Апаң иштейби?

- Негизи апам кесиби боюнча медик. Азыр иштегенге ылайыктуу жумуш жок. Медиктердин баарынын эле айлыгы аз да. Азыр базарда иштейт.

- Келечекте ким болгуң келет?

- 9-классты бүтүп, училищага тапшырайын деп атам. Телефонистка болгон атам. Буйурса тогузду бүтүп, окууга тапшырсам жакшы эле болот го.

Албетте бул өспүрүмдөрдүн ырлары кесиптик көз караштан алып караганда купулга толуп, мыкты деген баага татыбашы мүмкүн. Бирок базарда бели ката электе иштеген, иштеп жүрүп окубай калган балдардын ыр чыгаруу талантынын өстүрүүнү “Балдарды коргоо” борбору колдоого алды. Бул келечекте өз таасирин оң жагынан берсе керек деген үмүт-тилек балдарда да, ата-энелеринде да жана балдар кызматкерлеринде арбын.

СЕРГЕК ЖАШОО ЖАШТАР ТУРМУШУНДА КАНДАЙ КӨРҮНӨТ?

Аида Касымалиева, Бишкек Бишкектеги жаштардын көбү фитнесс клубдарга, спа-салондорго, тренажер залдарына такай барышат да, ал жерде түрдүү кызматтар үчүн олуттуу суммадагы акчаларды калтырышууда. Бирок, бул көбүнчө денсоолук үчүн эмес, сулуулук үчүн жасалат. Жаңы муундун түшүнүгү боюнча модалуу фитнесс-клубдун же бассейндин абонементи – жашоодо ийгиликке жетишкендиктин бир көрсөткүчү. “Азаттык Плюс” программасынын соңку көрсөтүүсүндө жаштар арасында сергек жашоо мүнөзү кантип модага айланып жатканы жөнүндө сөз болду.



Бишкек шаарында жамгырдан кийинки козу карындардай жайнаган сулуулук салондорунун, денсоолук клубдарынын көрсөткөн кызматтарын кабарчыбыз Элен Куленбекова иликтеген.

«Суулулук жана денсоолук астындагы жарнамаларга үңүлсөк, Бишкекте атайы сергек жашоо үчүн борборлор жетишээрлик экенин бамдоого болот. Алардын кызмат көрсөтүүдөгү орточо баасы 600-1000 сомго дейре. Мында кардарлар аэробика, шейпинг, калланетика, фитнесс өндүү багыттар боюнча атайы машыктыруучунун көзөмөлү астында денсоолугун чыңдай алат. Сергек жашоодогу жаны агымдар тууралу кеп кылсак, бул – чыгыш бийлери, тай бо, йога, стрип пластика жана башкалар,- дейт Элен Куленбекова.

Dana аттуу машыктыруучунун айтымында стрип пластиканы да сергек жашоодогу модалуу агымга киргизүүгө болот

«Стрип пластика эмне берет? Айымдарга тиешелүү назиктикке, маралдай басууга, дефиле, хореографияга үйрөтөт. Мүчөнүн сымбатын чыгарууда эч кайсы аэробика,шейпинг муну менен тең тайлаша албайт,- дейт Dana.

Сергек жашоо мүнөзү илгертен эле спорт менен айкалышып келет. Бирок бодибилдинг боюнча Европа Кубогунун чемпиону Стас Духовныхтын пикиринде чоң спорттун денсоолукка эч кандай тиешеси жок.

”Профессионалдуу спорт – бул чон акча, шоу. Мисалы, бодибилдинг чеберлери булчуңдарын чоңойтуу үчүн химияны колдонушат. Бул чоң сыр деле эмес. Спорттун башка түрлөрүндө деле абал ушундай, ал эми денсоолугуңуз жөнундо кам көргүңүз келсе, дене-тарбия менен машыгыңыз, туура тамактаныңыз”,- дейт Стас Духовных.

15-Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча коло медалынын ээси Данияр Көбөнов Стас Духовныхга карама-каршы оюн билдирди.

”Канчалаган спорт менен машыкпаган балдар тамекки чегишип, арак ичишип, бангилик менен алек болуп жүрүшөт. Андан көрө спорт менен машыгышсын да. Жаракат алса, эң көп дегенде мурду же кабыргасы сынат. Бул жигиттер үчүн өто деле чоң жаракат эмес да”,- деди Данияр Көбөнов.

Медицина илимдеринин кандидаты, валеолог Айгүл Анаркулованын айтымында, адамдар канчалык билимдүү болушкан сайын, ошончолук денсоолук жөнүндө көп кам көрө башташат. Жаштар арасында спорт клубдарынын популярдуу болуу тенденциясы да мына ушунда улам пайда болду.

”Сиздер сулуулук салондорунун, тренажер, спа залдарынын чынында эле пайда алып келишинен күмөн санап жатпайсыздарбы. Сиздер ойлогондой эле – бул кызматтардын өнүгүшү. Албетте, алар акча табуу максатында ачылышат. Бирок, ал жакка баргандар мейли бийлешсин, мейли маска жасашсын, массаж алышсын – баары бир бул кызматтар денсоолукка пайда алып келип жатпайбы”,- деген көз карашта Айгүл Анаркулова.

Айгүл Анаркулованын пикиринде, сергек жашоо мүнөзү мамлекет тарабынан түзүк эле пропагандаланып жатат. Мисалы, түрдүү оорулар жөнундө жарнамалардын, кызматтардын көбөйүшүн келтирсек болот. Мындан тышкары ар бир мектепте сөзсүз түрдө дене-тарбия сабагы өтүлөт.

Кабарчыбыз Султан Каназаров менен маек курган дене-тарбия сабагынын мугалими Канатбек Исановдун айтымында, улуттун денсоолугу дене-тарбия сабагынан башталат.

”Окуучулар жана алардын ата-энелери бул сабакка көбүрөөк көңүл бурушса жакшы болот эле. Дене-тарбия сабагыгын сааттары жетишсиз, ага болгон мамиле ойдогудай эмес. Ар бир ата-эне баласынын дене-тарбиясын эң алгач үйдөн баштаса”,- деди Канатбек Исанов.

Сурамжылоого катышкан жаштардан төмөндөгүдөй кызыктуу ойлорду уктук: “Азыр сергек жашоого караганда тамеки мода болуп жатат”, “Акчасы болсо, дискотекага баргандан көрө фитнесс-клубка барышсын да”, “Дүйнө боюнча семирүү пайда болуп жатат, биз кечке компьютердин алдында отура бербей, кыймылдашыбыз керек”, “Кыздар көбүнчө фигурасын оңдоп-түзөш үчүн машыгышат”.



Ал эми “Талкуу” рубрикасынын катышуучулары Эркин Рыскулбеков жана Эсен Жумадилов “Профессионалдуу спортко кеткен акчаны массалык дене-тарбияга жумшоо” деген темада талкуу жүргүзүштү.

”Денсоолуктун биринчи ачкычы – спорт болгондуктан, бүгүн биз спорт жөнүндө сүйлөшсөк. Спорттун өзү эки милдети бар – бул эл аралык олимпиадаларда Кыргызстандын аброюн сактап калуу жана жаштарды спортко машыгууга үндөө. Азыр бул эки милдет тең аткарылбай келет. Спорт комитетине жок дегенде жылына 67 миллион сом бөлүнөт. Ошол акчанын 90 пайызы профессионалдуу спортсмендерге жүктөлөт. Акыркы Азия оюндарында болсо, биздин спортсмендердин деңгээлин баарыбыз көрдүк. Менин сунушум боюнча ошол акчанын көп бөлүгү жаштарды спортко үндөөгө жумшалса,- деген позициясын билдирди Эркин Рыскулбеков.

”Спортко жылына абдан күлкү келээрлик акча бөлүнөт. Бир спортсмен эл аралык мелдешүүгө барыш үчүн 11 миллион сом кетет экен. Бюджетти кеңейтүүнүн ордуна сиз кыскартыш керек деген күлкү келээрлик сунушту айтып жатасыз. Эгерде, бир спортсмен эл аралык мелдештин чемпиону болуп калса, ал канча эсе ошол кеткен акчаны актап жатат”,- деп жооп кайтарды Эсен Жумадилов.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG