Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 08:27

Кыргызстан

ӨТКӨӨЛДӨРГӨ ЖАРДЫРГЫЧ ЗАТ КОЮЛДУ ДЕГЕН КИМДЕР?

Бишкектеги жер алдынан өтүүчү өткөөлдөргө жардыргыч зат коюлганын айтып, белгисиз адам Бишкек шаардык ички иштер кызматына телефон чалган. Милиция кызматкерлери ал жердеги адамдарды, соодагерлерди сыртка чыгарып, ал аймактар курчоого алынып, тиешелүү кызматтар текшерип, иликтөө иштерин жүргүзүп, эч кандай бомба табышкан жок.

17-январда саат он экиге чукул Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн (мурдакы Совет көчөсүнүн) кечилишиндеги жер алдынан өтүүчү өткөөлгө жардыргыч зат коюлду, деген маалымат милиция кызматына түшкөн. Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын кызматкерлери дароо бул жерге барышып, жер алдынан өтүүчү өткөөлдөгү адамдарды жана ушул жерде соода- сатык кылган ишкерлерди сыртка чыгарып, аймакты курчоого алган. Окуя болгон жерге барганда өткөөлдө соода кылган Уулкан Сатыкулова мындай деди:

- Милиция кызматкерлери келишип “Москвадагыдай терракт болушу ыктымал сыртка чыккыла” дешти. Миңдеген сомдук товарыбызды таштап сыртка атып чыктык. Жан таттуу экен. Иттери келбей эки саатка чукул убакыттан бери текшерип жатышат.

Ушул жер алдынан өтүүчү өткөөлдү арендага алып ишкерлик кылган “Ыйман” жоопкерчилиги чектелген ишкананын администратору Бакыт Жумалиев мындай деген пикирин билдирди:

-Бул жерде жетимиштен ашуун ишкер соода-сатык кылышат. “Бомба коюлуптур” деген кабарды уккандан кийин дароо элди сыртка чыгардык. Соода кылгандардан сак болууну, чоочун бирөөдөн шектүү пакет албоону, өткөөлдү таза сактоону эскертип турабыз. Бул жалган маалымат болушу мүмкүн. Жыйынтыгын күтүп жатабыз.

Жардыруучу заттарды аныктоочу атайын адистер иттери менен өткөөлдөрдү дыкаат текшерип чыгышып, эч кандай жардыруучу затты табышкан жок.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айзаада Макееванын айтымында, 17-январда Бишкекте үч жолу мындай чуулгандуу жалган телефон чалуулар болуп эки өткөөл жай жана “Айчүрөк” дүр- дүйнө дүкөнү да текшерилип, эч кандай жардыруучу зат табылган эмес.

КЫРГЫЗ БАЗАРЛАРЫ ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДЕН ТАЗАЛАНАТ

Айгүл Жунушалиева, Бишкек Жакында эле чыккан кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 2006-жылдын 1-апрелинен тарта чет элдик майда соодагерлерге базарда соода кылууга жол берилбейт. Өкмөт өлкөнүн ички эмгек рыногун коргоо, атамекендик ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ушундай чечим кабыл алганын жарыялаган. Кыргызстанда соода сатык кылган чет өлкөлүктөр кыргыз өкмөтүнүн чечимин өтө кабатырлануу менен кабыл алышты.

Ая аттуу кытайлык бийкеч Бишкектеги Дордой базарында эки жылдан бери соода кылат. Мекенинен арзан баада товарларды алып келип сатып, тапкан кирешесин уй бүлөсүнө жиберип турат. Ая чет өлкөлүктөгө базарда соода кылууга тыюу салган өкмөттүн токтому тууралуу угуп, кабатырланып жаткан кези.

- Ооба, 1-апрелде биз үйлөрүбүзгө кайтышыбыз керек экенин угуп, капаланып жатам. Мага Кыргызстанда жагат, калп айтпайын, бул жерден жакшы эле киреше табам. Эки жылдан бери көнүп да калдым эле. Албетте, кетпей эле койсок жакшы болмок,- дейт Ая.

Дордой базарында чет элдик соодагерлердин көбү кытайлыктар, андан тышкары Түркия жана Ирандын атуулдары да бир топ. Албетте, алар бизнесин таштап кеткилери келбейт. Кытайдын Үрүмчүсүнөн келген Наси ага - инилери менен бирге ушул эле базарда кийим сатуу менен алектенет. Бир туугандар жакында эле акча чогултуп контейнер алганга да жетишкен. Наси Кыргызстанда эле калгысы келгенин айтат:

- Бизге Кыргызстан жагат. Бул жерден нан таап жатабыз. Эмиден гана бутубузга туруп келе жатканда бизди кетиргени жатышат. Бул кабарды биз өтө оор кабыл алдык. Бирок, бийликтегилер бул чечимин өзгөртөт деген үмүт бар. Андай болбосо, анда үйгө кайтуу керек да. Ал жактан эмне иш кылабыз, билбейм.

Бишкекте чет элдик майда ишкерлердин саны канча экендиги тууралуу так маалымат жок. Бирок, өлкөнүн чоң-чоң деген соода түйүндөрүндө иштеген чет элдиктер жергиликтуу соодагерлерге олутту атаандаштык жаратууда.

- Кытайлыктардын айынан кыргыздар киреше таппай жатат. Алар өз мекенинен арзан баада товар алып келет, алардан жергиликтүү соодагерлер сатып алышат. Анан албетте биз уттурабыз да. Шордуу кыргыздар айланып келип эле кайра чет элдик, өзгөчө кытайлыктарга тебеленип жатышат,-дейт бишкектик сатуучу Мира Рыскулова.

Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу комитетинин жетекчиси Айгүл Рыскулованын айтымында дал ушул жергиликтүү соодагерлердин арыз-армандары жогорудагы токтомду кабыл алууга түрткү болду:

- Бизге көп жолу Кыргызстандык соодагерлер кайрылышты. Алар чет элдик соодагерлердин саны өтө көбөйүп кеткенин, андыктан атаандаштыктан уттуруп жаткандарын бир нече жолу айтышты. Андыктан биз ички эмгек рынокту, соода түйүндөрүндөгү абалды анализ кылгандан кийин гана бул токтомду кабыл алдык. Ансыз да өлкөдөгү жумушсуздук деңгээли бийик болуп атканда, чет элдик соодагерлердин ордун жергиликтүү калк ээлесе жакшы эле болот да.

Айгүл Рыскулованын айтымында бул токтом кыргыз атуулдарын иш менен камсыз кылып жаткан чет элдик компаниялар менен Кыргызстандын экономикасына олуттуу инвестиция жумшап жаткан ишкерлерге тиешеси жок.

Ал эми Дордой базарынын жетекчиси Аманбай Кайыпов бул токтом тууралуу буларды айтат:

- Токтом туура эле кабыл алынган деп ойлойм. Базардагы чет элдик соодагерлер дүңүнөн арзан баада товарларды алып келип атышат. Ал эми жергиликтүү соодагерлер ортомчулардан сатып алышат. Андыктан өз жарандарыбыздын камын ойлогонубуз оң. Бирок, маселенин башка да жагы бар. Кыргызстан Кытай, Түркия, Корея мамлекеттери менен соода мамиледе. Эми алардын жарандарын кетирип жатсак, алар эмне дешет ким билет?

"ҮЙ БҮЛӨЛҮК БАШКАРУУГА КЕҢИРИ ЖОЛ АЧЫЛДЫ"

Маектешкен Улан Эшматов Мукар Чолпонбаев, “Кыргызстанды сактоо" патриоттук кыймылынын Координациялык Кеңешинин мүчөсү

- Жаңы Баш мыйзам кечээ басма сөздө жарыяланды. Ага киргизилген өзгөртүүлөрдөн мурда эле кабарыңыз болсо керек. Кечээ балким толук таанышууга мүмкүндүк алгандырсыз. Адаттагыдай эле анын бурус-дуруш жактарын ар ким ар башкача комментарийлөөдө. Менин сурайын дегеним, сиздин көз карашыңызда ушуну менен өлкөдө дээрлик эки жылга жакын созулган Конституциялык реформа жөнүндөгү талкуулардын маңызы ишке аштыбы?

- Менин көз карашымда эки жылга созулган талаш-тартыштардын аягы барып эч нерсеге алып келген жок. Мындан мурда 1998-жылкы реформадан кийин кандай абалга келсе Кыргызстан, ошол абалдан дагы күчтүүрөк президентти алдык деп айтсак болот ачык эле. Бул жерде барыбыз эле айтып келебиз, болгону 9-ноябрдагы жалпы эл көтөрүлүп, жүз миңдеген кишилер аянтка чыгып, митинг өткөрүп талап кылып отурган Конституциянын ичиндеги карама каршылыктарды гана жойдук, башка эч кандай болгон жок деп айтып атышат. Бирок, негизинен ичиндеги текстине маани бере турган болсок, бул карама-каршы болуп калды.

Эгер 9-ноябрдагы Конституция бул парламенттик республикага түздөн-түз багыт алган болсо, азыркы 30-декабрдагы кабыл алынып жакында президент кол койгон Конституция болсо бул түздөн-түз президенттик башкарууга багыт алган Конституция деп айтсак ачык болот. Ага далил болуш үчүн айтышыбыз керек, Жогорку Cоттун төрагасы президентти нейтральный, бир да партияга кирбеген адам болот деп комментарий берип атат. Андай болуу эч качан мүмкүн эмес. Саясатта турган киши кандайдыр бир топтордун, күчтөрдүн кызыкчылыгын көздөбөй калышы мүмкүн эмес. Президенттин сөзсүз түрдө өзүнүн ар кандай кызыкчылыктары болот. Ошондуктан, ачык айтышыбыз керек, премьер-министрди парламенттеги депутаттардын көпчүлүгү сунуш кылганы менен, премьер- министрди президент өзү тандай тургандыгы ачык эле көрүнүп калды. Ал андан кийин өкмөттүн мүчөлөрүнүн бардыгын тең премьер-министр менен макулдашып туруп президент эч кандай Жогорку Кеңештин катышуусу жок эле өзү дайындайт экен.

- Конституциялык реформа жөнүндөгү маселе эмнеден чыкты эле. Бул бир үй-бүлөнүн, бир адамдын бийлиги дегенден улам көтөрүлбөдүбү. Эми ошондой көрүнүштүн келечекте кайталанбашына, демек, бул Конституция да бөгөт коё албаса, анда бул бийликтеги адамдын өзүнө жараша болот да, туурабы?

- Бул Конституция бир үй-бүлөнүн башкаруусуна эч кандай бөгөт коё албайт, тескерисинче тереңирээк жол ачып атат. Биз ошондо эле айтып келгенбиз, бул жерде жеке Акаевдин эле күнөөсү жок деп, азыр жеке Бакиевдин деле күнөөсү жок. Анткен себеби, ушунчалык берилген көп ыйгарым укуктарды бир адам аткарууга мүмкүн эмес. Мына ошондуктан ал аргасыздан тегерегине башка констиуциялык укугу жок, бирок ошол иштерди жасай турган адамдарды топтоого аргасыз болот. Анан ошол топтордун талаптарын аткарууга аргасыз болот. Кеп ошондо болуп жатат.

- Сиздер жакында “Кыргызстанды сактап калуу кыймылы” деген уюм түзгөнүңүздөрдү жарыяладыңыздар. Менин эсимде, 90-жылдардын орто ченинде “Өлкөнү азаптан куткаруу” деген да кыймыл болгон эле. Анын жыйыны да Тарых музейинде өткөн. Эмне үчүн ушундай деп атадыңыздар, каттоодон өтүп алып иш жүргүзгөнү жатасыздарбы эми?

- Бул талкууну түзгөндүгүбүздүн эң чоң маселеси - эл аралык нормаларды, укуктук нормалардын бардыгын тебелеп тепсөө жолу менен Конституцияны кабыл алынгандан кийин, мамлекеттин баш мыйзамы ушунчалык кол жоолукка айлангандан кийин, бийлик структурасы негизинен элге кызмат кылбай тургандыгы билинип калды. Бул эң биринчиден мамлекеттин коркунучта калгандыгы.

Экинчиси, биздин мамлекет башчыбыз өзү моюнга алгандай бир миллиондон ашык адам Кыргызстандан башка жактарга тентип кетти жан багыштын айласын жасап. Бул да болсо кыргыз элинин жоголо баштаганы. Ошол тентиген адамдардын көпчүлүгү башка мамлекеттердин граждандыгын алып жатат. Атуулдукту алган кишилер кайра кайрылып келбестиги белгилүү. Өздөрү келген күндө да бала-бакырасы келбейт. Демек Кыргызстандын эли тарап жоголо баштагандыгын айтат.

Үчүнчүдөн, кеткен адамдардын ордун чет өлкөлөрдөн, өзгөчө Кытайдан, Тажикстандан, Өзбекстандан адамдар келип жерин ээлеп, үйлөрүн сатып алып, өзүнүн мамлекетинде граждандыгы болгону менен Кыргызстандын аймагында жашай баштагандыгы ачык көрүнүп турат. Бул да бизди Кыргызстандан сүрүп чыга баштагандыгын көрсөтүп атат. Ошолордун бардыгын эсептеп келгенде, укуктук абалды, законченемдүүлүктү, элдин абалын көргөн кезде, өзгөчө кийинки кезде биздин бийлигибиз өзүнүн мамлекетин башкара албай калды, бизди келип башкалар башкарсын деп ХИПИК программасына киргизебиз деген жыйынтыкка келдик.

Демек, элибиз дагы, өлкөбүз дагы жоголуп кетүү коркунучуна келди дегендик. Ушундан сактап калуу максатында биримдикке чакырып, бириктирип, эч жака кетпей, сырттагыларды кайра чогултуп келип Кыргызстанды өнүктүрүү программасын иштеп чыксак деген ой менен иштеп атабыз.

ОРУС БАЗАРЛАРЫ ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДЕН «ТАЗАЛАНЫП» ЖАТАТ

Төрөкул Дооров, Москва 15-январдан тарта Орусиядагы базарларда сатуучулук кылган чет-элдик мигранттардын санын кыскартуу жөнүндөгү өкмөттүн токтому иштей баштады. Токтомго ылайык, 1-апрелге чейин өлкөдөгү базарларда чет-элдиктердин саны 40%га кыскартылышы керек, ал эми жыл этегинде алар дегеле базарларда сатуучулук кыла алышпайт. Бирок биздин Москвадагы кабарчыбыз Төрөкул Дооровдун айтымында, көптөгөн шаарлардагы базарлар азыртадан эле бошой баштаган. Кечээ өлкөнүн вице-премьери Александр Жуков: «Орус өкмөтү базарлар себепсиз жабылдашы үчүн, товарларга муктаждык жаралбашы үчүн бүт аракетин көрүшү зарыл», - деп билдирди.

Орусиянын көптөгөн шаарларында базарлар 15-январдан бери бошоп калды, анткени орус өкмөтүнүн жаңы токтому күчүнө кирген. Базарларда чет-элдиктердин саны азырынча 40% чейин сакталып тура берсе болмок. Бирок текшерүүлөргө чыккан Федералдык миграциялык кызматтын өкүлдөрү азыртадан эле базарларда эч ким калбаганына айран таң калып жатышат.

- Базарларда азыр орус жарандары гана иштеп жатышат, чет-элдиктер жок. Алардын жетекчилиги айып төлөп калуудан коркуп, бүт чет-элдиктерди иштен кетишин суранган окшойт. Бул базарлардын ээлери өздөрү азыр айткандай, мунун баары, албетте, товарлардын да баасынын кымбатташына алып келет, - дейт Приморский крайындагы миграциялык көзөмөл башкармалыгынын расмий өкүлү Андрей Важенин.

Базар жетекчилери чет-элдик мигранттарды иштен кетирип жатышы деле түшүнүктүү, анткени эгер рейд учурунда алардын базарында башка өлкөдөн келген мигранттардын саны жалпы сатуучулардын 40% дан ашык экени аныкталып калса, алар ар бир мыйзамсыз мигрант үчүн 800 миң рублдан айып төлөп калышы ажеп эмес.

Бул шарттар, мисалы, Ыраакы Чыгышта иштеген кытайлык жана вьетнамдык мигранттардын үшүн алганы байкалат. 15-январда Приморьедеги базарларга текшерүүгө чыккан бийлик өкүлдөрү эгерде базарлардагы чет-элдиктердин саны 40%дан көп болсо, айып тагабыз деген окшойт, бирок жети базарды кыдырып чыгып, араң бир вьетнамдык сатуучу аялды табышыптыр. «Биз мындай жыйынтык болот деп күткөн эмес элек» дейт Андрей Важенин.

Чет-элдиктер чындап эле коркуп калышкан өңдүү. Бул күндөрү Мурманск, Тверь, Санкт-Петербург шаарларындагы базарлар бир топ эле бошоп калганы кабарланууда.

Уссурийсктеги кытайлыктардын базарында көп орундар эки күндөн бери бош бойдон турат. Кытайлыктар орус бийликтеринин эрежелери эмне менен бүтөөрүн күтүп турушат. Ал эми Красноярскиде тажиктер тургузган базар өзү шаар боюнча эң чоң базар катары белгилүү. Ал жерде тажикстандыктар, негизинен, жашылча-жемиштерди сатып жүрүшкөн. Бирок дүйшөмбү күнү ал жер такыр эле иштеген эмес.

Мигранттардын көбү бул күн жакындаганда эле өз өлкөлөрүнө кетип калышкан, дагы бирөөлөр «азырынча мыйзам иштей баштаган алгачкы күндөрдөгү тополоң өтүп кетсин» деп, Орусиядагы үйлөрүндө жашынып олтурушат. Ал эми айрымдар, мисалы, орус атуулдугун алууга аракет кылышууда. Ростов, Новосибирск, Иркутск шаарларында иштеп жүргөн кыргызстандыктардын көбү азыр шашылыш түрдө орус атуулдугун алууга аракет кылып жатышканын айткан элек.

Орусиянын көптөгөн базарларында кыргызстандыктар Кыргызстанда тигилген кийим-кечектерди сатышат. Бирок алардын көпчүлүгү - бул жакта мыйзамсыз иштеген мигранттар.

Кыргызстандын Орусиядагы соода-сатык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кубанычбек Кожоевдин айтымында, азыр орус өкмөтүнүн токтому менен киргизилген өзгөрүүлөр Кыргызстан менен Орусия ортосундагы соода-сатыкка терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок анын залалы көп болбойт. «Тетирисинче, бул өзгөрүүлөрдүн жакшы жактары да бар», - дейт К.Кожоев.

- Мунун таасири, албетте, бар, биз аны сезебиз. Бирок ал Орусия менен Кыргызстандын соода-сатык алакаларынын өнүгүшүнө көп деле залака келтире албайт. Анткени бизнес деген бир эле жеке жумушчулардын иши менен байланыштуу эмес да. Бул өзгөрүүлөр, тетирисинче, бизнести жаңы бир деңгээлге алып чыкканга түрткү болушу мүмкүн. Себеби буга чейин камырабай, ишкердигин мыйзамдуу жолго койбой жүргөн ишкерлер эми баарын эрежелерге ылайык аткарса, канчалаган акча үнөмдөлөт. Кыргызстандан келип жаткан товардын көлөмү да кескин түрдө көбөйүшү ыктымал, - деди Кыргызстандын Орусиядагы соода-сатык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кубанычбек Кожоев.

Орус базарларында сатуучулук кылган чет-элдиктердин саны кескин кыскартылышы,
айрым аналитиктердин айтымында, биринчи кезекте, бул жактагы туруктуу калктын өзүнө кыйынчылыктарды жаратат. «Анткени таңкы саат төрттө уйкудан туруп, базарга товарын алып чыгып, болгону 400 доллар айлык үчүн кышын-жазын соода
кылганга ким макул болмок?» деп суроо коюшат алат. Ал эми орусиялык атуул андай оор шарттарда иштегенге макул болушу үчүн, ал айлыгын жок эле дегенде эки эсе жогорулатууну талап кылат. Айлык жогоруласа, базардагы товарлардын баасы да кымбатташы айкын. Мунун кимге кереги бар?

ЖК КОМИТЕТИ КУЛОВДУН ТАЛАПКЕРЛИГИН КОЛДОДУ

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети бүгүн премьер-министрдин кызматына Ф. Куловдун талапкерлигин карап чыгып, колдоого алды. Куловдун талапкерлиги үчүн добуш берүү парламенте бейшембиде болот. Ал парламенттен өтүш үчүн 38 депутаттын добушун алышы керек.

КЫРГЫЗСТАНДЫ «ИШ ТУМООСУ» КАПТАП КЕЛАТАТ

«Дело №» гезити, эгемендүүлүктүн 16 жылдыгына карата парламент «Мунапыс жөнүндө» мыйзамды кабыл алганын, эми буга ылайык түзөтүү колонияларындагы 5600 дөн ашуун жана анчалык оор эмес күнөө менен жазаланып абакта олтурган 185ке жакын адамдын башы биротоло азат болуп, түрмөдөн бошоп келерин кабарлады.

«Энесай» гезитине берген маегинде КР өкмөтүнө караштуу миграция жана жумуштуулук боюнча комитет жетекчисинин орунбасары Досмир Өзбеков мырза, Орусия тарабынан эмгек мигранттарына карата жаңы тартиптердин киргизилишинин айынан 300 миңге жакын жарандар өз Мекенине кайтып келе турган болсо аларды иш менен камсыз кылууга өлкөнүн кудурети жетпестигин, ошондуктан Кыргызстандыктарга бир катар жеңилдектерди берүү жагын суранып Бакиевдин атынан орус бийлигине кат жөнөтүлгөнүн кеп салды. Бирок, ушул эле гезит кандай болгон күндө да 200 миңдей адам Кыргызстанга кайтып келүүгө мажбур болорун жазат.

Саясат айдыңында өзү да, көзү да көрүнбөй, бирок, ар дайым Акүй менен ага жакын адамдардын акыл-эсин буй кылып келаткан үчүнчү күч деген нерсе чындап эле барбы? Же так талашкан берендердин эле ойлоп тапканыбы? Мисалы, К.Бакиев 3-күч деп мурдагы президентти жана анын куйруктарын айтканды, саясаттагы өзүнүн бардык жаздым басмайларын ошолорго шылтап, чыныгы душмандарын ошол же оппозиция жактан издегенди жакшы көрөрүн, ошол эле учурда парламенттин бир канатын оппозициячыл депутаттар түзсө, дагы бир канатын «акаевчил» депутаттар түзөрүн кыйытып, ошол эле учурда президентке булардан да жакыныраак топ бар экенин, азыр так ошолор эч кандай шек билдирбеген кубаттуу күчкө ээ болуп баратканын, жакын арада анын жанында жүрүшкөн дал ушундай «жакындары» Бакиевди отурган ордунан «жок» кылып тынарын бөркүңөрдөй көрсөңөр болот, деген божомолун жазды «Белый пароход» гезити.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

УРАГАН ҮЙЛӨР, ЖАРДАМ ҮМТӨТКӨН ЭЛ, АКЧА ИЗДЕГЕН ӨКМӨТ

Нарын, Ысыккөл, Баткен облустарындагы жер титирөөнүн зыяндарын иликтеген өкмөттүк комиссия алгачкы жыйынтыгын чыгарды. Жалпы өлкө боюнча зилзаланын келтирген зыяны 235 миллион сом деп бааланып, өкмөт ушу тапта табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга каражат издөөдө. 5,5 миңге жакын үйдү кайра куруп чыгыш милдети турат.

Өкмөттүк комиссиянын жыйынтыгы кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн каражатты кайдан табуу керек суроосуна келип кабылды. Баткен облусу боюнча беш мектеп жараксызга чыкса, Айдаркендеги жаңы деп эсептелген үч кабат оорукананын шыбынан жарака кетип, курулушчулар эптеп эле имаратты колдон өткөрүп салып коюшканы эми ачыкка чыгууда. Лейлектеги жараксыз беш мектептин үчөө 1987-жылы курулган. Курулуш эрежелерин толук сактабаган мындай үйлөр Кыргызстанда канча экенин эсептеген киши жок.

- Жаңы мектеп ушинтип курулуп атса Спитак болору өзүнөн-өзү белгилүү. Цементти үнөмдөп курган жаңы үйлөрдүн баары урап калды. Жалаң кумдан тургузулган имарат. Мектеп-гимназияны кимдер салган, кимдер кабыл алган, эгер алар бар болсо таап, жоопкерчиликке тартабыз,- деп билдирди өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Феликс Кулов.

Маданий-социалдык жайларды антип чампалап салуунун айынан Баткен облусундагы биртоп имараттарды кайра тургузууга 80 миллион сом керектелери эмитен эле болжолдонууда. Карапайым калктын эски усулда – сынч менен салынган үйлөрдөн урап калгандары аз. Жарака кеткендерин, кыйшайып калгандарын кайра тургузууга бул жерде 20 миллионго жакын сом талап кылынат.

Кочкордогу зилзаладан жараксызга чыккан 1200 жакын үйлөрдү кайрадан тургузуу милдети туру. Жалпысынан Нарын облусу 26-декабрдагы жер титирөөдөн 123 миллион сомдук зыян тарткан. Табигый кырсыктын зыяндарын жоюуга 235 миллион сом талап кылынат. Бул алдын-ала эсептелген болжолдуу жыйынтык. Жаз келип, тоң эригенден кийин дубалынан жарака кеткен үйлөрдүн дагы канчасы жараксызга чыгарын азыртан айтыш кыйын. Кыргызстандагы зилзаланын кесепеттерин жоюуга алгач 250 миллион сом талап кылынууда.

Республикалык бюджетте анчалык өлчөмдөгү акча каражаты атайын белгиленген эмес. Өкмөт ушу тапта 250 миллион акчаны кайдан табуунун аргасын издөөдө. Экономика жана каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровдун айтымында, быйылкы жылга капиталдык курулушка делген 250 миллион акчаны бюджеттен бөлүп, болбосо «Кумтөр» алтынынын акциясынан алынган 16 миллион доллардын бир бөлүгүн пайдалануу зарыл.

- 250 миллион сомдун баарын ушул жер титирөө болгон жерге жумшасак болот, дедим. Бул биринчиси. Экинчиси, Данияр Үсөнов айтып жатат, убагында «Центерранын» акцияларын саттык эле, ошондон 6 миллион долларды ушул жакка колдонолу деп. Мындай кырсык болгондо колдонбогон акчаларды качан колдонобуз деп мен да аны колдоп жатам,- дейт А.Жапаров.

Үйү жашоого жараксыз болуп калгандарга 200 миң, ал эми дубалдарынан жарака кеткендериникине 50 миң сомдон үстөк пайызы жок ссуда берүү маселесин козгогон өкмөт мүчөлөрүнүн пикирине архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчиси Ишенбай Кадырбеков кошулбастыгын билдирди.

- Эгер бул акчаны бөлүп берсек, ал каякка жумшаларын эч ким билбейт. Курулуш материалдары да кайда кеткени дайынсыз болот. Курулуш долбоору жок, кимге акча беришти да тактай элекпиз. Баары жалпы болуп, конкрет иш көрүнбөй жатат.

И.Кадырбековдун ырасташынча, мурдагыдай эле колго тийген материал менен үй сала берүүгө болбойт. Азыркы замандын курулуш технологиясын пайдаланып, арзан, жер титирөөгө туруштук бере ал турган жаңы үйлөрдү салуу керек. Жеңил материалдан курулчу андай үйлөр ушул айдын соңунда ал өкмөт мүчөлөрүнө өзү көрсөтө тургандыгын маалым кылды. Табигый кырсыктан жапа чегип, ушу тапта бюджеттик ссудадан үмүт кылып отурган элдин муктаждыгын канааттандыруу үчүн 1,5 миллиард сом талап кылынат. Өкмөт кыйын абалга капталгандарга гана жардам көрсөтүү аракетин көрүүдө.

УЮШКАН КЫЛМЫШТУУЛУК БАШ КӨТӨРӨ БАШТАДЫ

Кыргызстанда улам барган сайын оор кылмыштын саны өсүп баратат. Айрыкча уюшкан кылмыштуулук токтогон жери жок. Өткөн жылы милиция уюшкан кылмыштуу топтун 21 мүчөсүн камакка алган. Ага карабай өлкөдөгү кылмыштуулук коомчулук козгогон олуттуу маселелердин бирине айланууда.

Былтыр Кыргыз өкмөтү уюшкан кылмыштуулукка каршы чечкиндүү чабуулга өтүү маселесин көтөргөн. Өткөн жылы өкмөттүн кезексиз жыйынында кылмыштуу топтордун изин кууп, бөлүп-жарып таркатуу, алардын анабашын ылдам аныктап кармап келүү жөнүндө күч органдарына талап койгон.

Шектүү адамдарды, автоунааларды кармап текшерүү үчүн ыкчам аракеттеги милиция топтору түзүлүп, 16- декабрда ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуулук менен күрөшү боюнча атайын башкармачылык түзүлгөн.

Ушул жаңы уюшулган башкармачылыктын жетекчиси Мелис Тургунбаевдин айтымында, Рысбек Акматбаевдин буйуртма менен өлүмүнөн кийин уюшкан кылмыштуулук кайрадан баш көтөрө баштаган, былтыр 21 мүчөсү кармалган. Учурда уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери өлкөнүн чегинен сырткары качып карматпай жүрүшөт.

Расмий маалыматтарга караганда, 2000-жылдан бери эле киши колдуу болуп өлгөндөрдүн саны кыркка жетип, адам өмүрүнө кол салуу боюнча 8 факт катталган. Алардын ичинде март окуясынан бери өлтүрүлгөндөрдүн саны эле онго жетти. Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшү башкармасынын жетекчиси Мелис Тургунбаевдин айтымында, милиция буюртма киши өлтүрүүнү түп-тамырынан жок кылууга аракеттерди жасап келатат.

”Учурда өлкөдө милицияга баш ийбеген жеке менчик коопсуздук кызматтары иштейт. Жакында ушундай менчик коргоо агентигинин жетекчилери ишкерлерди курал менен коркутуп акча алып жаткан жеринен кармалды. Алар уюшкан кылмыштуулуктун лидери Камчы Көлбаевдин агасынын наамына катталган менчик коргоо агентигинин жигиттери болуп чыгып, сурак берип жатат”,- дейт Мелис Тургунбаев.

Анткен менен, саясий чөйрө ички иштер министрлигинин кылмыштуулукка каршы күрөш жаатында жүргүзүп жаткан ишине канагаттанган жери жок. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин айтымында азыр милиция уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкөнгө караганда, экономикалык кылмыштарга каршы катуураак күрөшүп жатат. Алар да өз кызыкчылыгын ойлоп, рекет болуп алышкан. Ошондуктан милицияны реформалоо зарыл:

- Аракет жок. Кеп кылмыш кодексин күчөтүүдө да эмес. Министрлерге, өкмөт мүчөлөрүнө, саясатчыларга, бардыгыбызга азыр саясий эрк керек. Психологиялык жактан өзгөрүп, бир үй-бүлөгө, бир президентке же өкмөт башчысына кызмат кылууну токтотуш керек. Эгер милиция өзүнүн кызыкчылыгын пайдасын гана ойлоп ишкерлерди, цехтерди тоноп, рекет болуп алышканын токтотпосо эл эч убакта ишенбейт. Алар элди коргобой эле, айрым учурда кордоп жатышат. Бул системаны реформалап, санын кыскартып, сапатын жогорулатуу зарыл.

«Кылым шамы» адам укугун коргоо борборунун төрайымы Азиза Абдрасулова мамлекет милицияны кесипкөйлүктөн тартып, үй-бүлөсүнө чейин толугу менен камкордукка алмайынча, анын кылмыштуулукка каршы толук кандуу күрөшөрүнө ишенбейт. Тилекке каршы азыр мамлекет мындай жоопкерчиликти сезе элек.

Ошондой эле Азиза Абдырасулованын көз карашында кылмыштуулукка каршы күрөшкө тоскоолдук кылып жаткан факторлор- мамлекеттик кызматкерлер менен кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн биригип кетиши жана милицияда кесипкөй адистердин жетишсиздиги.

- Мамлекеттик кызматкерлер менен кылмышкерлер тобундагылардын аралашып кеткендиги милиция кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылып, тескери таасир этип атат.

АЖЫЛЫК САПАР. АВТОКЫРСЫК. СОҢКУ КАБАРЛАР

Саударабстан чегинде автокырсыктан каза болгон 21 кыргызстандык жаранды Мадина шаарына алпарып жерге коюу өтүнүчү аткарыларында күмөн жок. Мындай чечимге каза болгондордун үй-бүлө, тууган-уруктары да толук макул. Ал эми ошол автокырсыктан жаракат алган 11 адам учурда Саударабстандын Куфуф шаарындагы ооруканада дарыланып жатат.

Саударабстандан келаткан ажыларды, автокырсыкка учурап, жеңил жарадар болгондорду Араб эмираттары мамлекетинин Фуджера шаарынан тосуп-коштоп Ошко апкелген Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин деректири Жолборс Жоробеков оболу аталган автокырсыкта каза болгондор боюнча маалыматтар такталгандыгынан кеп баштады:

- Кайтыш болгондордун бирөө Ноокаттан, бешөө Аравандан, он бири Карасуудан, төртөө Ош шаарынан болуп чыгышты. Жаштарын карап көрдүк. Эң аксакалы 1936-жылы төрөлгөн экен, эң жашы 1957-жылкы.

Саударабстандын мыйзамы боюнча, каза болгондордун жасатын ошол жакта жерге коюу үчүн маркумдардын үй-бүлө, тууган-уруктарынын расмий тастыкталган каты керек экен. Жолборс Жоробековдун айтуусунда, облус губернатору, муфтий, район акимдери баштаган атайын топ ошо каза болгон 21 адамдын баарысынын үйлөрүнө көз көрсөтүп кирип-чыгышкан жана алар менен сүйлөшүп-макулдашкан. Баарысы тең каза болгон жакындарынын жасаттарынын ошо Саударабстанда жерге берилишин оң көрүшкөн. Көпчүлүгү жасаттарды атактуу Мадинага алпарып көмүшсө деген суранычтарын айтышкан. Так ошол суранычтарды баса белгилеп, сүйлөшүүлөрдүн протоколдорун түзүшүп жана расмий мөөрлөр менен тастыкташып, катты Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги аркылуу Саударабстандын ажылык министрлигине, башка тиешелүү жерлерге жөнөтүшкөн. Эми ошо катка жараша иш жүрөт.

Жолборс Жоробеков ошондой эле кыргызстандык ажылардын жасаты качан Куфуф шаарынан Мадина шаарына алпарылып коюларын так айта албастыгын жашырганы жок. Ал эми маркумдардын үй-бүлө, тууган-уруктары болсо, шариятка ылайык, куран окутуу расмилерин өткөзүп башташыптыр. Ажылык аяктап, умра башталганга чейин Саударабстандын чегине кириш өтө татаал. Ошондуктан жасааттарды жерге берүү зыйнатына маркумдардын жакын адамдары катыша албай калат шекилдүү.

Ал эми автокырсыктан катуу жаракат алып, учурда Саударабстандын Куфуф шаарындагы ооруканада дарыланып жатышкан кыргызстандык 11 ажынын ал-акыбалын билүүгө да мүмкүндүк таптык.

Саударбастанда жүрүп, алардан кабар алганы барган Кыргызстан мусулмандар муфтиятынын өкүлү Муса-ажы Магомедов жаңы эле ошол ооруканада болуп кайткан экен. Телефон-байланышыбызда ал буларга токтолду:

- Бул жерде азыр соо адамдарды кошкондо баарысы биригип 13 адам бар экен кыргызстандык. 4 эркек, калгандары аялдар. 14 жашар бир кыз куландан соо бойдон энесине карамалап гана жүрөт. Аларга жардам бергени бир ажы башчы да барыптыр. Ошондо 11 адам гана дарыланууда. Экөө оор акыбалда жатат –эс-учун билбей. Бирөөсүнүн үч моюн омурткасыан операция жасашты. Экинчисинин көкүрөк танабы катуу жаракат экен. Анткен менен догдурлар үмүт бар деп жатышат. Кыскасы,ошо эки эркектин гана акыбалы оорураак.

Муфтият өкүлү Муса-ажы Магомедов андан ары Араб эмираттарындагы Кыргызстандын консулдугунан телефон чалышкандыгын, катуу оорулуулардын бирден жан күйөр адамдары келе жаткандыгын кабарлашкандыгын сөзгө кыстара кетти.

Эскерте кетели, Саударабстанда ажылык сапарда жүргөн кыргызстандык ажылар түшкөн автобус Дубай шаарына келатып 12-январ күнү автокырсыкка учураган эле. Жеңил жаракат алган 11 адам эки күн мурда Кыргызстанга кайтып келген.

ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ЫСЫККӨЛДҮКТӨР ДА ЖАБЫР ТАРТУУДА

Рита Борбукеева, Ысыккөл 26-декабрдагы жер титирөөдөн Кочкор районуна кырк чакырым жакын турган Ысыккөл облусунун айрым айылдарындагы үйлөр дагы жабыркаган.Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн маалыматы боюнча алардын арасында 40-жылдары курулган турак-жай жашоого жараксыз болуп калды.

Ысыккөл облусуна караштуу Ортотокой айыл өкмөтүнөн 53 үйдөн жарака кеткенин тиешелүү адистер далилденген соң, Балыкчы шаарындагы темир жолго жайгашкан Кызылсаз аймагынан дагы 12 үй каттоого алынды. 60-70 жыл мурда жер пайы жок салынган үйлөргө 26-декабрдагы жер титирөөнүн дагы залалы тийген. Айрыкча Турган Токоноеванын үйүнүн бурчтары көчүп түшүп аны кайра кыш менен шыбап бекитиптир.

-26-декабрда түнкү саат экиде жер титиреди. Калчылдап калдык. Мурда эле араң турган там эле эми ушунтип калды. Эртеси күнү өзгөчө кырдаал адистери келгенде артынан барып, үйдү көрүп бергиле дедим,- дейт Турган Токоноева.

Бул аялдын майып жолдошу андан кийин баласы дагы ооруп каза болгонун белгилеген аймактын башчысы бул үй бүлөөнүн абалын тиешелүү жерлерге маалымдаганын айтты:

- Бул аялдын жолдошу биринчи топтогу майып болчу. Ал кишинин эки буту жок кезде эле бул үй тизмеге катталган. Ошондон бери эле беребиз деп келатышат. 26-декабрда болгон жер титирөөдөн кийин дагы бул үйдү комиссияга көрсөтүп кеттик. Бул үй керек болсо бир баллга да туруштук бере албайт,- дейт Дайыр Султанбеков.

Темир жолдун айланасында жайгашкан эски үйлөрдү Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жашоого жараксыз деп тапкан.

- Азыркы күндө бул маселелер боюнча иштеп жатабыз. Биздин республикада өкмөттүн астында департамент деп коёт. Бул курулуш департаменти. Бул үйлөрдү ссудага киргизип жатабыз. Буга чейин биз өкмөткө кайрылганбыз. Шанхай деген айыл бар. Түштүк-батыш тарапта. Ал жактагы үйлөрдү бузууга бергенбиз. Департамент колунан келишинче жардам берип жатат,- деди Аскат Эркинбаев.

Расмий булактар боюнча Балыкчы шаарына адеп жаңы отурукташкан Озёрный көчөсүндөгү үч миңдей, Шанхай жана Кызылсаз аймагындагы жетимиштен ашык турак үй саздак жерде тургандыктан Өзгөчө кырдаалдардын көзөмөлүнө алынган. Анткени, адистердин айтуусунда бул үйлөр буга чейин эки жолу жаратылыш кырсыгына тушуккан.

- 1996-жылы бизде чоң жаан болгон. Ошондо эле бул үйлөргө доо кеткен. 1999-жылдын декабрь айында дагы жер титирөө болгондо бул үйлөр таптакыр жараксыз болуп калган. Эл айла жок жашап жатат. Каякка барат,- дейт Аскат Эркинбаев.

Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчисинин айтуусунда, бул жерде жашагандар четинен көчүрүлүп, аларга бөлүнгөн 150 миң сомдон 250 миң сомго чейинки каражатка турак жай сатылып берилип жатат. Ээлери болсо кийин ал сумманы мамлекетке он беш жылда төлөп берет экен. Бирок, белгилеп кетчү нерсе балыкчылыктар үчүн мамлекеттин мындай чечими жер титирөө боло электе эле күчүнө кирген.

ЧАТКАЛДАГЫ АЛТЫНДЫН ҮЗҮРҮН КИМДЕР КӨРҮҮДӨ?

Чаткал районундагы алтын казган ишканалар жашырын иштешет. Алар өз ишмердүүлүктөрүн мыйзамбузуулар менен жүргүзүп, табиятка чоң зыян келтирүүдө. Бул жөнүндө Жалалабат облусундагы айлана-чөйрөнү коргоо комитети билдирди. Комитет ырастагандай, “Фонта” аттуу жоопкерчилиги чектелген ишкана «алтын өндүрөм» деп райондогу 5 миңден ашык көп жылдык дарактарды жок кылган, жер кыртышына зыян келтирген. Коомчулуктун ырастоосунда жеке ишкерлер Чаткал суусунан чайкалып алынган алтындарды Өзбекстанга сатышат.

Облустагы айлана-чөйрөнү коргоо башкармасынын маалыматына ылайык, Чаткал районунда алтын казган «Фонта» аттуу ишкана атайын экспертизадан өткөн эмес. Ишкананын айлана-чөйрөгө зор зыян келтиргенин комитеттин эксперти Кумар Мамбеталиев ырастады. Анын айтымында, “Фонта” - Сулуутегерек жана Kурутегерек капчыгайларынын дыңын бузган. Сууну булгоо менен сайдагы жаныбарлар жана капчыгайдагы көп жылдык беш миңден ашык даракты жок кылган:

- Мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөн эмес. Башкача айтканда, биздин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган экологиялык экспертиза жөнүндөгү мыйзамды одоно бузуп, аябай чоң зыян келтирилген. Мисалы, 5 миңден ашык дарактар, көп жылдык арчалар кыйылып кеткен. Афинаждын курамында бир эле алтын эмес, күмүш, платина болушу мүмкүн деген божомолдор бар.

Алтын өндүргөн ишкана тапкан пайдалары тууралу да маалыматтарды жашырууда. Комитеттин төрагасы Гамаль Сооронкуловдун билдиришинче, Бишкекте катталган бул ишкана мал жана чөп жайыттарга да зыян келтирген. Текшерүү учурунда ишкананын өкүлү эч кандай иш-кагаздарын көрсөтпөй, эки башка маалымат берген. Сооронкуловдун суроосуна адегенде «былтыр 70-80 кг алтын алдык» десе, кийин «17 килограмм алтын өндүрдүк» деп айткан. Бирок, ишкана жергиликтүү калктын муктаждыгына өндүргөн алтынына ылайык салым кошкон эмес, дейт Гамаль Сооронкулов:

- Ушул жерде жашап жаткан, айылдардагы тургундардын таза суу маселеси, экинчиден мал жайыт маселеси, социалдык маселелерге канча акча берилип атат, аны биз билбейбиз. Канча алтын таап атканын билбесек, алардан эмнесин сурайбыз. Ошондуктан биринчиден, ачык-айкын маалымат болуш керек.

Облустагы март ыңкылабын коргоочулар «Фонта» ишканасынын ишмердүүлүгүн иликтөө өтүнүчү менен Башкы прокуратурага жана улуттук коопсуздук кызматына кат жиберишкен.

Кыш чилдесине карабай, түрдүү аймактардан келишкен адамдар ушул кезде да Чаткал суусунан алтын чайкап алышат. Акын Самидин Стамбековдун божомолу боюнча, өкмөттүн элден алтынды сатып алуу үмүтү акталган жок. Аймактагы айрым аялдар алтынды таап алган адамдардан аны арзан баага мажбурлоо жолу менен сатып алышып, Өзбекстандык ишкерлерге соодалашат. Ошондуктан Чаткалдын алтыны Кыргызстанга пайда келтирбей жатат, дейт Самидин Станбеков:

- Алтын казып аткан аялдар, балдар, үй-бүлөлөрдү ээлеп алышып, башка кишилердин алтын алышына мүмкүнчүлүк бербейт. Алабукага алып келип туруп Өзбекстанга өткөрүп бере беришет. Өзбекстанга киришпейт, ал жактан адамдар чыгып келип Алабука районунун аймагында туруп Өзбекстанга өткөрүп жиберишет.

Облустук бийликтин өнөр жай бөлүм башчысынын орунбасары Бектемир Эрматов «Фонта» ишканасы ачык-айкын иштеп жатканын билдирди:

- Жеринде регистрациядан өтүп ошол жерде быйыл 18 млн. 400 миң сомдук объем бердик.

17-ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Ысыккөлдүк кыргыздар 1855-жылдын 17-январында Россия империясына кирүүгө ант беришкен. СССР Борбордук Аткаруу комитети 1935-жылдын 17-январында Кыргыз АССРинин чарбалык жана маданий курулушун өнүктүрүү Токтомун кабыл алган.

Түндүк кыргыздардын бир жарымынын Россия империясынын курамына кириши, падышалык бийликтин казак жергесине бекем орун алышына себепкер болгон. Орус бийлиги мында жашаган көчмөн уруулар арасындагы кадыр-баркын арттыруу максатында, 1854-жылдын август айында Кичи Алматы суусунун боюна Верный чебин куруп баштаган. Кыргыз санжыраларында. Кичи Алматы жерин орустарга Ормон хандын уулу Үмөтаалы берип, ага хан Ормон катуу кейигендиги кабарланат. Канткен менен Верный чебинин салынышы кыргыздардын орус бийлигине жакындашына себеп болгон. Ысыккөлдүк кыргыздар 1854-жылдын күз айында Батыш Сибирь бийлигине элчилик жиберип, ал миссия ийгиликтүү аяктап, көздөгөн максатына жеткен. Кыргыз элчилиги Омск шаарына келип, алар 1855-жылдын 17-январында Россия империясына кирүүгө ант беришкен. Анын натыйжасында, 10 миң түтүн чамалуу ысыккөлдүк кыргыздар империянын курамына кабыл алынган.

Орус бийлигинен букаралык сурап, Батыш Сибирь Аскер округуна жөнөтүлгөн бугу уруусунун элчилери 1854-жылдын күз айында Омск шаарына келген. Элчиликти Камчыбек Шералин жетектеп, кыргыздардын империя курамына кирүү анты 1855-жылдын 17-январында салтанат менен кабыл алынган. Бугу уруусу кармаган аянтта, алар Улуу падышанын амирине кирип, айтканын айткандай аткарууга куран кармап, касам иче тургандыгы билдирилет. Бугу уруусунун Россия империясына бириктирилиши жана алардын кат түрүндө жазган анты расмий түрдө жарыяланган. Орус бийлиги муну менен бугулардын аянттына мамлекеттик деңгээлде маани бергендигин билдирген.

Кыргызстандагы маданият мекемелеринин салынышы жана алардын ырааттуу иштеп, өрнөктүү маданий кыртыштын жаралышына 1935-жылдын 17-январында кабыл алынган СССР Борбордук Аткаруу комитетинин Токтому маанилүү роль ойногон. Борбордук Аткаруу комитеттин Токтомунда Кыргыз АССРинин чарбалык жана маданий курулуш маселеси аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо кодексине ылайык 2007-жылдын февраль айына белгиленген парламенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 17-январда соңуна чыкты.

Бул күнү, 1501-жылы немец окумуштуусу, ботаник Леонард Фукс, 1706-жылы көрүнүктүү америкалык коомдук, саясий ишмер Бенджамин Франклин, 1834-жылы немец биологу, тукум куучулук хромосом теориясынын негиз салган Август Вейсман, 1847-жылы орус авиациясынын негиздөөчүсү Николай Жуковский жарык дүйнөгө келген.

Ф.КУЛОВ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРЛИККЕ СУНУШТАЛДЫ

Бүгүн президент К.Бакиев премьер-министрликке Ф.Куловду көрсөттү. Бул сунуш Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн президенттин администрациясынан "Азаттыкка" билдиришти. Эми эртең парламенттин тийиштүү комитети караган соң 18-январда, бейшембиде Жогорку Кеңештин депутаттары Ф.Куловдун талапкерлигин карамакчы. Ал парламенттен өтүш үчүн 38 депутаттын колдоосун алышы керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" көрсөтүүсүнө жооп берген учурда Феликс Куловдун талапкерлигин колдоого болбой турганын, анткени Ф.Кулов өз милдеттерин буга чейин жакшы аткара албаганын көргөзгөнүн айтты. Мындан мурда "АКИпресске" берген интервьюсунда депутат Болот Шерниязов Ф.Куловдун өтөөр-өтпөсү Ак үйдүн колунда, эгер президент К.Бакиев кааласа Ф.Кулов өтөт, каалабаса өтпөйт, деп билдирди.

"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" көрсөтүүсүнө интервью берген депутат Азимбек Бекназаров дагы Ф.Куловдун өтөр-өтпөсү К.Бакиевдин колунда деп билдирди. "Анын үстүнө Ф.Куловдун өкмөтү HIPC программасына байланыштуу бул парламент менен иштебейм, деп, кызматтан кеткен, ошондуктан парламентке келүүгө анын моралдык укугу жок" деп билдирди.

- Өкмөт башчылыгына ушул тапта Феликс Куловдон өткөн талапкер жок,- деп эсептейт "Ар Намыс" партиясынын жетекчиси Эмил Алиев. -Анын талапкерлигин парламентте колдой турган, колдобой турган да депутаттар бар. Айрым депутаттардын Куловду парламент колдобойт деген пикиринен бир жактуу жыйынтык чыгарууга болбойт.

КО)

САУД АРАБИЯСЫНДА КЫРСЫКТАГАНДАРДЫН ОН БИРИ ОШКО КЕЛДИ

Кубанычбек Жолдошев, Ош 15-январь күнү Сауд Арабиясынан зыяраттан келе жатып автожол кырсыгына учурап жараат алгандардын он бири Ош шаарына кайтып келди. Ал жакта кайтыш болгондордун туугандары ажы сапарында автожол кырсыгына кабылгандардын жасаттарынын Сауд Арабиясына коюлушуна макулдуктарын билдиришти.

Ош аба дарбазасына ажы сапарында автожол кырсыгына учурагандардын арасынан жеңил жараат алган он бир адам Фуджейра шаары аркылуу учуп келди. Ош облусунун казысынын орун басары Абдымалик Турсунбеков зыяратчылар келе жаткан автобустун жол кырсыгына учурашынын негизги себептери азырынча аныктала электигин айтып, аталган окуя Сауд Арабиясынын чек-арасынан чыгууга отуз километр калганда болгондугун айтып өттү:

- Зыярат бүткөндөн кийин кайра кайтып Иорданияга келатканда, Иордания менен Саудиянын ортосунда кырсык болгон. Саудиядан чыкпай, чегара 20-30 км. калганда кырсык болгон. Жолдо туман болгондугунун натыйжасында деп айтып атышат. Эрежеси боюнча Саудиянын ичинде ким көз жума турган болсо ошол жерде калтырылат, сөөгүн үйүнө жибербейт. Биздин адамдардын жасаттары да ошол жерде калтырыла турган болду, - деди Ош облусунун казысынын орун басары Абдымалик Турсунбеков.

Ош аба дарбазасына келип түшкөн он бир адам автожол кырсыгы учурунда жеңил жараат алышкан. Алардын айрымдары окуя тумандуу кечте болгондугун билдиришип, бирок микрофон аркылуу толугураак маек куруп берүүдөн баш тартышты. Жабыркаган зыяратчылардын туугандарынын бири Кудрет Амиров өлкө жыйырмадан ашуун адамын жоготуп жатса да бийлик кайгыруу күнүн уюштуруп койгон жок деген дооматтын билдирди:

- Орусия элинин төртөөнү шахта басып өлсө да траур жарыялайт. Мына биздин Кыргызстандын жарандары Мекеге зыярат кылганы барып, кырсыкка учурап, 21 адам кайтыш болуп кетти. Ошолорго траур жарыялап койсо болмок, - дейт жабыркаган зыяратчылардын туугандарынын бири Кудрет Амиров.

Анткен менен ажы сапарында кайтыш болгондордун туугандарынын көпчүлүгү эрежеге ылайык мындай өлүмгө капаланууга мүмкүн эмес экендигин айтышып, кудаанын буйругу дешип шүгүрчүлүк келтиришти.

- Капа болдук. Бизге кайтып келгени жакшы эле. Бирок ушундай болуп кетти эмне кылалы. Алардын ажалы ошол жерде экен, жараткан өзү кабыл кылсын. Жандары жаннатта болсун гана дейбиз, - деген оюн билдирди Кудрет Каримов.

Ал эми өкмөттүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Жолборс Жоробеков Саудиядагы автожол кырсыгынан оор жаракат алып дарыланып жаткан кыргыз атуулдарынан да кабар алып кайтышкандыгын айтып берди:

- Кофуф деген шаарынын ооруканасында 11 оорулуу адамыбыз жатат. Алар ошол госпиталдын эсебинен дарыланып жатат. Алар бизге счет бөлөсүңөр деген талаптарды коё элек. Биз кечээ катуу болуп аткан эки адамдын туугандарын алып бардык. Биздин кызыкчылыкты коргоп турсун деп Ош шаарынын казысын Рахматулланы алып бардык, - дейт аталган агенттиктин директору Жолборс Жоробеков.

КОНСТИТУЦИЯ КАБЫЛ АЛЫНДЫ. КИМ КҮЧТӨНДҮ, КИМ АЛСЫЗДАНДЫ?

Бишкек, Айданбек Акмат уулу 30-декабрда Жогорку Кеңеште кабыл алынып, 15-январда президент кол койгон Конституциянын жаңы редакциясы 16-январда маалымат каражаттарына жарыяланды. Демек, ушуну менен жаңы Конституция күчүнө кирди. Кыска мөөнөттүн ичинде эки жолу жаңыртылган конституциянын акыркы вариантында кандай өзгөрүүлөр бар, бийлик бутактарынын ыйгарым-укуктары кандай бөлүштүрүлдү?

Жаңы редакцияда президенттин ыйгарым-укуктары бир топ кеңейтилген. Мамлекет башчынын өткөөл мезгилдеги ыйгарым-укуктары андан бетер күчтүү берилген. Маселен, өткөөл мезгилде президент премьер-министрди дайындоодо гана Жогорку Кеңештин макулдугун алат. Ал эми калган өкмөт мүчөлөрүн премьер-министрдин сунушу менен президент өзү дайындайт.

Өкмөттүн структурасын да президент аныктайт. Мындай тартип жаңыдан парламенттик шайлоо болуп, жаңы Конституцияга ылайык өкмөт түзүлгөнгө чейин уланат. Президентке мындай ыйгарым-укук 8-ноябрда кабыл алынган Конституцияда берилген эмес эле. Конституциянын демилгечилеринин пикиринде, бул саясий кризистен чыгуунун бирден-бир туура жолу эле.

Президенттин ыйгарым-укуктары өткөөл мезгилден кийин да күчтүү бойдон калат. Ал маселен, коопсуздук жана коргонуу багытындагы министрликтердин, структуралардын башчыларын түздөн-түз өзү дайындап, өзү кызматтан алат. Ага Жогорку Кеңештин да, өкмөт башчынын да кийлигишүүсү каралган эмес. Бул 69 беренеде жазылган. Мындай кадам бийликке келген кайсы бир саясий партиянын бийликти толук ээлеп алуусуна жол бербеш үчүн жасалганы айтылууда.

Юстиция министринин милдетин аткаруучу Марат Кайыпов президенттин ыйгарым-укуктары күчөтүлдү дегенге каршы экендигин билдирет:

"Каршымын. Менин оюмча кеңейтилгендин ордуна кайрадан кыскартылган. Себеби, президенттин парламентти тарката турган бир дагы мүмкүнчүлүгү каралбаптыр. Оппозиция талаптары бүт орундалыптыр. 9-ноябрда кабыл алынган конституциянын жетишкендиктери толугу менен сакталган. Көп карама-каршылыктар оңдолгон".

Ал эми күч министрлеринин президент тарабынан дайындалуусу тууралуу маселеге Кайыпов мындай пикирин айтты:

"Президент Кыргыз Республикасынын мамлекет башчысы. Президент Конституциянын кепили. Президент Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарынын жана эркиндиктеринин аткарылышынын кепили. Эгерде президенттин колунда укук, тартип коргоо органдары болбосо ал кантип кепил боло алат? Мамлекетте туруктуулукту кантип сактай алат?.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Эркин Алымбеков конституция тууралуу буларды билдирди:

"Консенсус болсун деп, ошол Конституцияга макул болуп сүйлөшкөн элек. Карама-каршылыкта ордубузда тура бербейли дегенбиз. Мен да ошого макул болуп, бирок конституцияны жоболорду бузуу менен кабыл алууга каршы болгонмун".

Эркин Алымбековдун айтымында, конституциянын бул вариантына каршы күчтөр бар жана убагы келгенде алар өздөрүнүн сөзүн айтат.

Жаңы конституцияга ылайык Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, анын 50% партиялык тизме менен шайланат. Жогорку Кеңеште 50%дан ашык депутаттык мандатты жеңип алган партия өкмөт башчылыкка талапкерди көрсөтөт. Премьер-министр өз кезегинде өкмөттүн структурасын президент менен макулдашып, Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө жолдойт. Премьер-министр күч министрлеринин башка министрлерди дайындоо үчүн талапкерлерди тандап, бекитүүгө президентке жолдойт.

Мындан сырткары президентке губернатор, акимдерди дайындоо укугу берилген. Конституциялык жана Жогорку Соттун мүчөлөрүн дайындоодо да президенттин ыйгарым-укуктары күчөтүлгөн. Эгерде 8-ноябрдагы конституцияга ылайык президент бул соттордун мүчөлөрүн шайлоодо Сот иштери боюнча Улуттук Кеңештин сунуштарын жетекчиликке алса, 30-декабрдагы конституция боюнча андай талап жоюлуп, президент Конституциялык жана Жогорку Соттун мсүчөлүгүнө талапкерлерди Жогорку Кеңешке сунуштап, ал тарабынан шайланат. Ошол эле мезгилде бул соттордун судьялыгына карылыгы чектелген мөөнөткө чейин, башкача айтканда 70 жашка чыкканга чейин дайындалат деген эреже киргизилген. Ал эми жергиликтүү соттордун судьяларын Сот иштери боюнча Улуттук Кеңештин сунушу менен президент дайындайт.

ЖАПЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ: ПРЕЗИДЕНТ КҮЧТӨНДҮ

Чолпон Орозобекова , Бишкек Президент кол койгон жаңы Конституция бүгүн “Эркин тоо” гезитине жарыяланды. Ошентип 9-ноябрда кабыл алынган Конституция жокко чыгарылып, эки айдан ашыгыраак убакыттан кийин башка Конституция ишке кирди. Көпчүлүк байкоочулар бул Башмыйзам президенттин ыйгарым укутарын күчтөндүрүп берди деп атышат.

9-ноябрдагы Конституция күчүнө киргенден кийин бир ай гана жашады. Ал бийлик бутактар ортосунда тең салмактуулукту берип, Аскар Акаевдин тушундагы авторитардык режимди жоготкон, системаны сындырган дешет байкоочулар. Бирок депутат Муратбек Мукашев айткандай, аны жакшылап окуп чыккандан кийин Ак-үйдө отурган чиновниктер андай Конституция меннен жашай албайбыз деген бүтүмгө келишкендей. Акыр Коопсуздук кеңеш сурангандан кийин президент Конституцияга кол койду.

Бул Башмыйзамдын демилгечилеринин бири болгон парламент депутаты Айдарбек Керимкулов Кыргызстанга президенттик башкаруу эле ылайык деп билдирди. Анын пикиринде, президенттен талап кылаардан мурда жетиштүү ыйгарым укук берген оң:

- Эң негизги жери ушул менимче. Кыргызстанга азыркы шартта президенттик башкаруу эле керек. Бир киши баарына жооптуу болуш керек. Анан президентке жетиштүү полномочие бербей туруп, кандайча талап кыласың. Ошондуктан жоопкерчиликти бергенге жараша укукту да бериш керек,- дейт Айдарбек Керимкулов.

Депутаттын пикиринде, жаңы Конституцияда парламент деле күчтөндүрүлдү. “Өкмөт мүчөлөргө ишеним көрсөтпөө деле мыйзам чыгаруу бийлигине чоң күч берет” дейт Айдарбек Керимкулов.
Бирок жаңы Конституцияга карата кыргыз журтчулугунда сын көз менен карагандар басымдуулук кылат.

“Кыргызстанды сактоо” кыймылынын лидери Анвар Артыковдун пикиринде, парламент дагы 3 жыл жашаш үчүн президенттик бийликти күчтөндүрүүгө макул болду: - Ноябрдагы Конституциядагы жакшы прогрессивдүү шарттар жокко чыгарылды. Кайрадан авторитардук-диктатордук режимге кайтып келдик. Коопсуздук кеңеш, президент жана парламент үчөө жеке кызыкчылыктары үчүн ушуга барышты,- дейт Анвар Артыков.

Юристтер 9-ноябрдагы Конституция чындап эле шашылыш кабыл алынгандыктан айрым өтө деле олуттуу эмес карама-каршылыктар болгонун айтышат. Бул жолу андай алешемдиктер жоюлуп, бирок көпчүлүк өзгөртүүлөр президенттин укуктарына байланыштуу болгонун белгилешет.

Конституциялык саясат институтунун башчысы Нурлан Садыков эми президент акимдерди, губернаторлорду, министрлерди өзү дайындап, өкмөттүн ишине кийлигише алат дейт:- Президент ноябрдагы Конституцияга караганда көбүрөөк полномочие алды деген жыйынтык чыгарсак болот. Президент нормативдик-укуктарды жокко чыгарганга да укук алды. Ноябрда экономикалык маселелер да өкмөткө берилди деген идея да бул Конституциядан орун алган жок. Күч органдар кандай иштери тууралуу жобону мурда өкмөт бекитип келсе, эми президент өзү бекитет,- дейт Нурлан Садыков.

Атуулдук коом өкүлдөрү болсо адам укугун коргоо жаатында бул Башмыйзамда кемчиликтер көп деп билдиришүүдө. Конституциялык саясат институту да билдиргенге караганда, атуулдар Конституциялык сотко кайрылуу укугунан ажыратылды. Эми Жогорку соттун айрым чечимдерин арызданууга мүмкүнчүлүк да, жол да жок болуп калды.

НАКЕН КАСИЕВ: КУЛОВ ПАРЛАМЕНТЕ КОЛДОО ТАБААРЫ КҮМӨН

Маектешкен Улан Эшматов, Прага

- Өлкө бүгүндөн тартып кайрадан өзгөртүлгөн жаңы Конституция менен жашай баштады. Кечээ кол коюлган Баш мыйзам расмий гезиттерде бүгүн жарыяланып отурат. Кандай ойдо турасыз, ушуну менен өлкө убактысынча болсо дагы саясаттан оолактап бийлик бутактары ыргактуу иштей баштай турган кез келдиби?

- Мен да ошондой деп ойлойм, ошондой деп тилейм. Кандай болсо дагы бийлик, айрыкча күч бийликтери кайра президенттин колуна келди. Өзүңүз билесиз үч күч министрлиги, соттор дагы бир топ көз каранды болуп калды. Ошондой болгондон кийин кандай болсо дагы административдик күч президенттин колуна толугу менен кайра алынып келингенден кийин бул бир ыргактуу иш алып кеткенге шарт түзүп атат. Эми ушуну кандай мындан ары пайдаланат ошону менен көп нерсе байланыштуу болот.

- Негизи ушул Конституциялык реформа деген маселеге убактысынча болсо да чекит коюлду деп айта алабызбы?

- Ушуну менен токтоп калды деп айтыш кыйын. Себеби, тилекке каршы парламентибиз акыркы бир жарым айдын ичинде эки Конституцияны кабыл алып жиберди. Ушуну менен эле чекит коюлат дегенден алысмын, себеби мүмкүн бир топ убакыттан кийин муну кайрадан козгоп, кайрадан өзгөртүүнү да баштап коюшу ыктымал.

- Алдыда күтүлүп жаткан окуя жаңы өкмөттүн кайрадан курулушу. Курамы менен структурасы мурдагыдан эми көп деле айырмаланбаса керек. Азырынча премьер-министрди көрсөтүү, бекитүү мурдагы Конституциянын нормаларына ылайык ишке ашат. Феликс Кулов мырза кокус кайра сунуш кылынса колдоо тапчудайбы, сиздин жоромолуңуз кандай?

- Менин жоромолум боюнча, эми кайрадан сунуш кылынса колдоодон өтөбү, өтпөйбү бул да бир топ күмөн. Себеби өзүңүз билесиз, аткаруу бийлик өздөрү отставкага кеткен, азыр кайрадан келгенден кийин парламент колдоого алабы, албайбы бул бир Кудайдын иши.

- Сиздин жеке көз карашыңызда болочок өкмөттүн структурасы, кадрдык курамы өзгөртүүлөрдү талап кылабы?

- Менимче, ошол эле боюнча көпчүлүгү кайра калат го дейм. Себеби азыркы кырдаалда анча көп өзгөрүүлөр болбойт деп ойлоп атам.

- Өлкөдөгү токсондой партиянын бири катары “Элет” партиясы азыр эмне менен алектенип жатасыздар, партиялар үчүн негизги максат өз ара кошулуп биригип, келерки шайлоого даярдануу болобу?

- Өзүңүзгө белгилүү азыркы Конституция боюнча келечектеги шайлоо партиялардын тизмеси аркылуу өтөт 50 пайыздан кем эмес. Ошондуктан биз мүчөлөрдүн санын көбөйтүү боюнча кайрадан облустук комитеттерибиздин курамын жаңыртуу боюнча, ошолорго жардам берүү боюнча чапкылап аракет кылып атабыз. Келечек шайлоо ушундай кырдаалда өтөт. Ошондуктан биз бардык партиялар ошонун ичинде биздин партия да ойлот келечекте ушул партияларга кысым кылбай, бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк кылып, бирдей шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берсе анда эң жакшы прогрессивдүү иш болот эле, ошонун аракетинде болуп атабыз.

- Өзүңүзгө кокус сунуш түшө элекпи жаңы өкмөткө кошулуу жөнүндө?

- Азырынча сунуш боло элек.

- Маегиңизге ырахмат.

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ МАМИЛЕЛЕРИНЕ 15 ЖЫЛ ТОЛДУ

Азиза Турдуева, Бишкек Ушул жылдын 5-январында Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелерге 15 жыл толду. Бул аралыкта эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык мамилелер, анын ичинде соода, билим, илим жана башка тармактардагы кызматташтыктар жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Кыргызстанда орун алган 2005-жылдагы март окуялары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге кандайдыр бир таасирин тийгизген жок.

Кытай Эл Республикасы менен болгон мамилелердөнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылык берилген багыттардын бири болуп эсептелет. 1992-жылдын 5-январында Бишкекте Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен Макулдашууга кол коюлган. Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган биринчи өлкөлөрдөн болгон. Дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери эки мамлекеттин ортосундагы чек ара, аскер маселелери чечилип, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы мамилелер өнүгө баштады. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Кадырбек Сарбаев мындай дейт:

“Дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнөн бери биздин өлкөлөр саясий, соода-экономикалык жана гуманитардык тармактагы кызматташууларын өнүктүрүп келет. Эки өлкөнүн тең жетекчилиги достук жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар жана ага көмөктөшүүдө. Анын натыйжасында бизге кыска мөөнөттүн ичинде мамлекеттер аралык чек ара проблемаларды юридиакалык жактан аныктоо сыяктуу маселелерди чечүүгө жетиштик”.

Өткөн 15 жылдын ичинде Кытай менен Кыргызстандын ортосунда өкмөттөр жана ведомстволор аралык 100гө жакын келишим жана макулдашууларга кол коюлду. Алардын ичинде соода, туризм, билим, илим, саламаттык сактоо, укуктук жардам, аба жана унаа каттамдары жана башка тармактардагы макулдашуулар ишке киргизилди.

Эки өлкөнүн ортосунда саясий мамилелерден сырткары өзгөчө соода-экономикалык тармактагы кызматташуулар өзгөчө өнүгүүдө. Мисалга алсак, 2005 – жылы 1995-жылга салыштырмалуу Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү үч эсеге жогорулаган. Бүгүнкү күндө Кытай Кыргызстандын соода тармагындагы экинчи орундагы өнөктөшү болуп эсептелет.

Кытай ошондой өлкөнүн ири донорлорунун бири болуп саналат. Өткөн жылы Кытайдын Кыргызстанга салынган жалпы инвестицияларынын көлөмү 230 млн АКШ долларын түздү. Коншу өлкө Кыргызстанга 56 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү каражатты өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана коргоонуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга бөлдү.

Ошону менен бирге серепчилер эки тараптуу мамилелердин ортосундагы айрым кемчиликтерди да белгилешүүдө. Алардын ичинде Кыргызстандын электр энергиясын Кытайга экспорттоо, Кытайдын каржылык жардамы менен Кыргызстандын гидроэлектр станцияларын калыбына келтирүү, Кытайды, Кыргызстанды жана Өзбекстанды бириктирген темир жолун куруудагы долбоорлорду ишке ашырууда алгылыктуу жылыштар орун алган жоктугу тууралуу айтылууда.

Кытай Эл Республикасы акыркы жылдары жалпы эле Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон мамилелерин, өзгөчө соода-экономикалык тармактагы кызматташууларын өнүктүрүүдө. Статистикалык маалыматтарга караганда, 1994-жылдан 2004-жылга чейин Борбор Азия республикалары менен Кытай мамлекетинин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 5 млрд 133 млн АКШ долларын түздү. Ал эми Кытай инвестициясынын Борбор Азия регионунун экономикасына салынган көлөмү 1 млрд доллардан ашты.

Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын билим тармагындагы кызматташуулары да сөзгө аларлык. Кыргызстандын миңдеген жаштары Кытайда ар кандай окуу жайларында билим алышты жана бүгүнкү күндө да окуп жатышат. Эки өлкө жогорку окуу жайларынын дипломдорун өз ара таануу жөнүндөгү Макулдашууга да кол койгон. Кыргызстан ошондой эле Кытай менен Шанхай кызматташтык уюму жана башка эл аралык регионалдык уюмдардын алкагында да кызматташууну улантууда.

Өткөн жылы президент К. Бакиевдин Кытай Эл Республикасына болгон расмий иш-сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууларды жакшыртуу боюнча 14 келишим жана макулдашууларга кол коюлган.

МЫЙЗАМСЫЗ ПАРЛАМЕНТ, МЫЙЗАМСЫЗ ПРЕЗИДЕНТ… ТАКТЫДА АКАЕВ ОЛТУРАТ

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Прага

Бүгүнкү «АГЫМ» гезитине, депутаттар өзүлөрү мыйзамсыз шайланып келгенин, кезинде так ушулар Үзөңгү-Куушка келгенде «хоп» деп жерин сатууга кол көтөрүп беришкенин, ушулар өзүлөрү кабыл алган 9-ноябрдагы Башмыйзамды «жок» деп, 30-декабрдагы жаңы Башмыйзмага кайрадан «хоп» дешкенин, эртең президент, «Кыргызстанды сатабыз, бирок силерди депутат бойдон калтырам» десе ага да «хоп» деп колдорун көтөрүп бере берерин, демек, ЖК депутаттары өзүлөрү мыйзамсыз экендигин, Акаевдин бурмаланган, кайра-кайра оңдолгон Башмыйзамы менен шайланып келген Бакиевдин президенттиги да мыйзамсыз экендигин, а бийлик тактысында болсо дале Акаев олтурганын, жашоого легендарлуу парламент кабыл алган 93-жылдагы Башмыйзам кирмейин Кыргызстан ызы-чуудан башы арылбасын айтып чыкты, белгилүү саясатчы, «Кыргызстанды сактап калуу» деп аталган жаңы түзүлгөн кыймылдын мүчөсү Бегиш Ааматов.

Ушул эле кыймылдын мүчөлөрү Мукар Чолпонбаев менен Анвар Артыков, Бакиевдин 30-декабрдагы Башмыйзамга кол коюу жолоюн анын Кыргызстанга кайрадан авторитардык режимди орнотууга кылган аракети, деп баалашты. Ошондой эле гезиттин бул санына белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин «Кыргыз элинин тарыхында өтө алааматтуу азап-тозокту ким жасады?» деген макаласы орус тилинде жарык көрүүдө.

«ЭРКИН ТОО» гезити, кечээ өкмөт үйүндө президент К.Бакиев кол койгон Кыргыз республикасынын Кониституциясынын жаңы редакциясынын толук текстин кыргыз жана орус тилдеринде жарыя кылды. Баса, ушул гезит аркылуу оюн билдирген ЖК орунбасар төрагасы Т.Сарпашев, Башмыйзам туура кабыл алынып, ага туура кол коюлганын, депутат С.Жээнбеков, Башмыйзам мамлекеттин алдыга жылышына чоң түрткү берерин, «КЫРГЫЗ ТУУСУ» аркылуу генерал-майор Т.Жээналиев, Конституция калк кызыкчылыгын көздөсө колдоорун, Бишкек тургуну Ж.Молдобаева, жаңы Башмыйзамга президент кол койгондон кийин көңүлү тынчый түшкөнүн, депутат А.Сабиров, дал ушул мыйзамдын демилгечилеринин бири өзү экенин, депутат А.Шадиев, бул мыйзам элди биримдикке, ынтымакка чакырган документ болорун билдиришти.

«МСН» гезити, жаңы Башмыйзамга кол коюлушу менен өлкөнүн негизги мыйзамындагы карама-каршылыктар өзүнөн өзү эле жок болгондугун, оппозиция эмне кыларын өзү дурустап билбесин, Башмыйзам деген оюнчук эместигин, президент К.Бакиев өлкөдөгү саясый абалды турукттуу кармап турганга кудурети жеткенин, Кониституция ушундан тартып укуктук алкакка киргенин, эми Кыргызстандын социалдык-экономикалык кайра жаралуусу жөнүндөгү кыялыбызды жүзөгө ашыруу үчүн иштеп… анан жашаш гана керектигин жар салды.

«КЫРГЫЗ РУХУ» гезити, турмушта түбөлүктүү эч нерсе жоктугун, мамлекет үчүн зарыл болсо Кониституцияны миң ирет өзгөртсө болорун, бирок, эч качан жеке бир адам үчүн эмес… Ал эми Кыргыз Кониституциясынын шору башынан арылбай, Акаев учурунда анын үйбүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн кандай өзгөртүлүп келсе, бүгүн да Бакиевдин үйбүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн дал ушундай эле өзгөртүлүп жатканын жазды.

ПАРЛАМЕНТ КУЛОВДУ КУЛАТЫШЫ ЫКТЫМАЛБЫ?

Чолпон Орозобекова , Бишкек Жакынкы күндөрү президент парламентке өкмөт башчынын талапкерлигин көрсөтөт. Көпчүлүк байкоочулардын баамында, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов өзү эле кайра көрсөтүлөт, бирок депутаттардын көбү ага каршы добуш бериши ыктымал.

Азырынча ким экендиги ырасмий айтылбаган менен көпчүлүк байкоочулар бул кызматка президент Феликс Куловду эле көрсөтөт деп ырасташууда. Парламентте болсо премьер-министрдин милдетин аткаруучуга карата маанай ар кандай.

Депутат Исхак Масалиевдин журналистттерге билдиргенине караганда, парламент Феликс Куловду өткөрбөй коюу коркунучу бар. “Феликс Кулов өзү да муну сезип чочулап турат” дейт Исхак Масалиев. Ал эми депутат Болот Шерниязовдун пикиринде, Феликс Кулов эч кандай тоскоолдуксуз эле өтөөрү бештен белгилүү.

“Депутаттардын басымдуу бөлүгүн башкара турган пульт азыр президенттин колунда. Жашырганда эмне!- Дейт Болот Шерниязов.

Депутат Аскарбек Шадиевдин пикиринде, Феликс Куловз өзүнүн соңку жүрүш-турушу менен саясий арендагы бейнесин өзгөрттү:

- Депутаттар арасында ага нааразылык эмнеден күчөдү? ХИПК программасы боюнча так жооптуу кез келгенде отставкага кетип калды. Бул кадамын депутаттар гана эмес жалпы эл да түшүнүп калды. Куловдун талапкерлиги өтөбү айтыш кыйын. Ноябрь айындагы митинг учурунда баары күткөн да Кулов эл тарапка өтүп кетет деп. Бирок ал нейтралдык позицияда туруп берди. Ошондуктан президент бул кызматка Куловду көрсөтөт го деп ойлоqм,- дейт Аскарбек Шадиев.

Депутат Алишер Сабировдун журналисттерге билдиргенине караганда, кандай болгон күндө да, парламентте Феликс Кулов өтпөй калышына коркунуч чоң, ага сыртын салган, тишин кайраган депутаттар чогуулап кулатышы толук мүмкүн.

Ал эми өкмөттүн өзүндө маанай кандай? Юстиция министринин милдетин аткаруучу Марат Кайыпов мындай дейт:

- Чогуу бир командада иштешип калдык. Саясий кырдаал оңураак болгондо мындан да жакшы иштемекпиз. Мен бул кишини колдойм. Көздөгөн максаттарбызыга дагы чогуу иштеп жетсек деп ойлойм,- дейт Марат Кайыпов.

Феликс Кулов негиздеген “Ар-Намыс” партиясы болсо жолбашчысына жан тарткансып турат. Партиянын лидери Эмил Алиевдин пикиринде, өкмөт башчылык кызматта татыктуу иштеп атат:

- Президент Куловдун талапкерлигин көрсөткөнү гана туура болот. Бирок парламент аны колдойбу айтыш кыйын. Себеби, бул парламент эки жүздүү экендигин эчак далилдеп койгон. Андыктан өз кызыкчылыгындагы ишти кандай жол менен болсо да ишке ашырышат,- дейт Эмил Алиев.

Кечээ Жогорку Кеңеш өкмөт башчынын кандидатурасын талкуулаган сессияны түз эфирде көрсөтүүгө мамлекеттик каналды милдеттендирген токтом кабыл алды. Жаңы Конституция азырынча жарыялана элек, демек ишке кире элек. Андыктан президент премьер-министрдин кандидатурасын парламентке жаңы Башмыйзам ишке киргенден кийин 18-19-январларда алып келиши ыктымал.

ОШТО ОК АТУУЛАР КАЙРА БАШТАЛДЫБЫ?

Кубанычбек Жолдошов, Ош Он төртүнчү январдан он бешине караган түнү «Марттагы элдик ыңкылап» коомдук бирикмесинин төрагасы, жеке ишкер Тимур Камчыбековдун мейманканасына белгисиз куралдуу топ тарабынан кол салуу аракети болуп, атып кетебиз деп коркуткан эскертүү кат ташталып кеткен. Бул тууралуу расмий билдирүү жасаган ыңкылапчы лидерлер болуп өткөн окуяны коомдук бирикменин жетекчиси Тимур Камчыбековдун активдүү саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырышты.

2005-жылы март айларындагы каршылык акцияларын уюштуруучулардын бири, учурда Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары болуп иштеп жаткан Кушбак Тезекбаев анын саясий өнөктөштөрүнүн бири «Марттагы элдик ыңкылап» коомдук бирикмесинин төрагасы Тимур Камчыбековдун менчигине кол салуу аракети болуп, куралданган белгисиз адамдардын тобу тарабынан коркутуп, үркүтүү мазмунундагы кат ташталып кеткендигин билдирди.

- Баардыгы даярданган адамдар. Баштарына кара маска кийген. Түнү кароолчуга бир бала жана бир кассир, администратор кызыбыз калат. Ал экөөнү уруп, коркутуп, зордуктап, “силердин күнүңөр бүттү, Тимур балбан мындан кийин жашабайт” деген кат жазган,- деди Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев.

Ош шаардык ички иштер башкармасынын пресс кызматы кылмыштуу топтор ишкердин ээлигинен үлүш талап кылуу аракети менен киришкен, деген божомолдогу маалымат таркатып, анда аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгы айтылат. Анткен менен «Марттагы элдик ыңкылап» коомдук бирикмесинин төрагасы Тимур Камчыбеков кылмыш дүйнөсү менен аласа-бересеси болбогондугун айтып, бул окуянын башында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү турушу мүмкүн деген божомолун билдирди.

- Эч кандай криминалдык топтор менен же башка бирөө менен жакшы-жаман айтышкан эмесмин. Ош облусунун губернаторуна ачык түрдө бир топ сын пикирлерди бергенмин. Шаардын жетекчилерине дагы бир топ сындарды айтканмын. Менин азыр аларга фактым жок. Бирок, менин өзүмдүн күмөнүм бар. Сөзсүз түрдө бул окуяга бийлик менен криминал аралыш кетти,- дейт «Марттагы элдик ыңкылап» коомдук бирикмесинин төрагасы Тимур Камчыбеков.

Окуяга күбө болгондордун айрымдарынын айтымында, мейманкананын кызматкерлерин коркутуп кирип келген автомат жана тапанчалар менен куралданган топ, Тимур Камчыбековду издеп таппай, андан соң окко оролгон «Тимур, жакында атыласың» деген мазмундагы кагазды таштап кетишкен.

«Марттагы элдик ыңкылап» коомдук бирикмесинин координатору Эмил Рахманов байкоого караганда мейманканага куралчан бастырып киргендер атайын даярдыктан өткөн кызматтагы адамдар болушу мүмкүн деген оюн айтып өттү.

-Эки метрден ашуун коргондон секирип түшүшүп, алты адам бир кишидей из калтырышкан. Бул жөн эле адамдар эмес. Атайын даярдыктан өткөн кызматкерлер. Кайсы бир жергиликтүү жетекчинин буйуртмасы менен коркутуп, үркүтүү аракети болушу мүмкүн. Себеби, карапайым адамдардын кызыкчылыгын көтөрүп жүргөн Тимур көбүнө жакпай баратат эле,- деген оюн билдирди «Марттагы элдик ыңкылап» коомдук бирикмесинин координатору Эмил Рахманов.

Мындан сырткары “Марттагы элдик ыңкылап» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү учурда Тимур Камчыбековду коргоо жана колдоо боюнча иш-чараларды күчөтүшүп, анын жеке коопсуздугун сактоо боюнча ички иштер министрлигине жана коопсуздук кызматына атайын кат менен кайрылышкандыгын айтышты.

1-АПРЕЛДЕН ТАРТА БАЗАРЛАРДАГЫ ЧЕТ ЭЛДИК СООДАГЕРЛЕР ИШ ОРДУНАН АЙРЫЛАТ

Үстүбүздөгү жылдын биринчи апрелинен тарта Кыргызстандагы базарларда, туруктуу эмес соода жайларында эмгектенген чет элдиктер ишин таштап кетүүгө аргасыз болушат. Буга кыргыз өкмөтүнүн 12-январда кабыл алган токтому себепчи болду. Соода тармагында эмгектенген айрым адистер, укук коргоочулар бул токтомдун туура эмес кабыл алынганын айтышууда.

Кабыл алынган токтомго ылайык биринчи апрелден тарта базарларда жана туруктуу эмес соода жайларында эмгектенген чет элдиктер толугу менен иш ордун таштап кетүүгө мажбур болушат. Ал эми чоң-чоң дүкөндөрдө иштеген чет элдиктердин саны жалпы эмгектенгендердин он пайызын гана түзүүсү шарт. Миграция жана калкты эмгек менен камсыз кылуу комитетинин жетекчиси Айгүл Рыскулованын ырасташынча мындай кадам “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамдын 27-статясынын 3-бөлүгүнө ылайык, өлкөнүн ички эмгек рыногун коргоо, атамекендик ишкердик үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жасалды. Комитет жетекчисинин орун басары Досмир Өзбеков кабыл алынган токтом тууралуу мындай дейт:

- Кыргызстандагы жумушу жок адамдар жалпы эмгекке жарактуу калкытын он жети пайызын түзөт. Ошондуктан биз 12-январда токтом кабыл алдык.

Буга үндөш токтомду өткөн жылдын соңунда Орусия өкмөтү да кабыл алган эле. Ал токтомдо да 15-январдан тарта базарларда соода кылышкан чет элдиктерди, эгер жарандыгы жок болсо өлкөдөн чыгаруу каралган. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын Мигарция жана калкты эмгек менен камсыз кылуу комитетинин эсеби боюнча Орусияда 253 миң кыргызстандык мигрант эмгектенет. Айрым булактарда бул көрсөткүч 500-600 миңдин тегерегинде. Айгүл Рыскулованын айтымында Орусиянын бул токтому күчүнө киргенден тарта 100 миң чамалуу кыргызстандык мекенине кайтууга аргасыз болот. Алардын маселеси тууралуу ал мындай деди:

- Биздин президент Курманбек Бакиев Орусиянын президентине кайрылды. Бул кайрылууда биздин ошол жакта иштеп аткан ишкерлерге амнистия колдонушун сурап атабыз. Экинчиден алты миллион эмгек квотасын 2007-жылы Орусия колдонуп атса. Ошол алты миллиондун 500 жүз миңин Кыргызстандан барган эмгек мигранттарына бергиле деген суроону койдук.

Өкмөттүн чет элдик соодагерлерге карата мындай кадамдарга бара баштаганын айрым адистер сынга ала башташты. Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун, өкмөттүн бул токтомун колдобой турганын билдирди:

- Миграция комитетинин мындай чечимин мен колдобойм. Анткени чет элден келген жарандардын да эркиндикке адамдык укугу бар. Алар келип бизге мына бизнести, соода тармагын, алууну-сатууну үйрөттү. Ошол Кытайдан, башкадан келгендер. Ошондуктан мен муну колдой албайм.

Белгилүү ишкер Эмил Үмөталиев да мындай кадамды колдобойт. Анын айтымында бул тескерисинче чакан жана орто ишкерликтин өнүгүшүнө, инвестициянын келишине тоскоол болгон токтом болот:

- Мындай чечимдер түздөн-түз ишкерликтин өнүгүүсүнө, чакан жана орто бизнеске жана инвестициялык жактан өнүгүүгүбүзгө көп зыяны тийет деп айтсак болот. Негизинен бул башка бир жол менен аткарылышы керек эле. Эгер бизде кайсы бир коңшу өлкөлөрдөн соодагерлердин саны өтө эле көбөйүп, өзүбүздүн ишкерлердин жумуш орундарын ээлеп калып атат деген ойлор болсо, анда аны виза жолу менен чечет да. Виза берилип атканда кандайдыр бир статистика жүргүзүлүшү керек, же виза берилбеши керек же берүү жолу абдан татаалданышы керек. Эгерде ал өлкөдөн ошондой эле элдин саны өтө эле көбөйүп баратса.

Ошентсе да азырынча кыргыз өкмөтү бул токтом туура кабыл алынган деп ишендирүүдө. Айрым талдоочулар мындай кадамдар эл аралык мамилелерди салкындатышы мүмкүн деген пикирлерин айта башташты.

ЭХ, КОРРУПЦИЯ, КОРРУПЦИЯ…

Кыргызстан дүйнөдөгү абыдан коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарында турат. Аны өлкөнүн эмдигиче экономикалык жагынан оңоло албаганы, алмай-бермейдин коомдук турмушта көнүмүшкө айланып кеткени апачык айгинелеп турат. Өткөн жылдын октябрь айынан тарта ишке киришкен коррупцияны алдын-алуу боюнча улуттук агенттик чындап ишке киришер маалында кадрдык алмашууга туш келди.

Өткөн аптанын аягында Коррупцияны алдын-алуу боюнча улуттук агенттиктин мурдагы башкы комиссары Курманбек Жороев президенттин жарлыгы менен кызматтан кетти. Анын себептери буга чейинки кадрдык өзгөрүүлөрдө боло келгендей - ачык айтылган жок.

Укукчу адис Таштанбек Жанузаков Кыргызстанда коррупция азаймак турсун кайра күчөп кетти деген пикирде.

- А негизи бул замандын бузулганы. Бүт чиновниктер, мамлекеттик кызматта иштегендер коррупцияга малынып алышты. Себеби ар бир ишке, сурап келеби, маммүлктөбү, мамкаттоодобу, бир иш жасап бериш үчүн сөзсүз алышат. Бул элдин баарына маалым. Аны газетага деле чыгарып жатат. Ал эми муну оңдош үчүн сөзсүз системаны түзүш керек.

Алдым-жуттумдуктун алкымы тыйылып, коррупциянын тизгини тартылып калганын кайталоодон президент Курманбек Бакиев эле тажай элек. Анын ырасташынча, коррупция азайды, тек ал билим берүү, саламаттык сактоо, ички иштер сындуу тармактарда гана калды, аларды аз убакыттын ичинде тыйып коюу мүмкүн эмес.

-Үч-төрт киши эле кыйкыра берсе ошонун үнү чыгат. Калган өкмөттүк уюмдар, башка органдардын үнү угулбайт. Эмне болуп жатат? Түшүнүксүз,- дейт К.Бакиев.

Анткен менен Кыргызстан абыдан коррупциялашкан өлкө экени жаамы дүйнөгө жыл сайын жарыя айтылып келатат. Алдым-жуттумдуктун тамыры коом турмушуна кенен жайылганын коррупцияны алдын-алуу боюнча улуттук агенттиктин жарым жылга жете бербеген тажрыйбасы да тастыктап бере алат. Агенттик жаңыдан уюшулуп жатканда башкы комиссар Курманбек Жороев жаңы кызматтын максат-милдеттерин мындайча аныктаган.

- Келечекте бул натыйжасын бере турган болсо аты да өзгөрөт. Алдын-алуу эмес, коррупцияга каршы күрөшүүчү агенттик болот го деп ойлоп жатабыз. Анан бул агенттик кирген кеңеш эч кимдин алдында отчет бербейт. Мурдагы түзүлгөн органдар, коррупция болобу, кылмыштуулукка каршы күрөшүүбү, алар мамлекеттин алдында болчу. Азыр болсо мынабул кеңеш эч кимге баш ийбейт.

Улуттук агенттик жалаң эле коррупцияны алдын-алуу, коррупцияга каршы мыйзамдарды иштеп чыгуу, талдоо жүргүзүү менен алектенбестен, быйылкы жылдан тарта коррупцияга каршы күрөштү баштамак. Жыл башында агенттиктин башкы комиссары башка ишке өткөнүнө байланыштуу делген жүйөө менен кызматтан алынып, ордуна Рахматулла Эралиев дайындалды.

- Коррупцияга каршы күрөшүүчү агенттикти жетектеп бербейсизби, деген сунуш түштү. Аны талдап көрүп эл үчүн кызмат кылайын деп мына бүгүн келип отуруп ишти баштадым. Өзүм милициянын полковнигимин,- деп айтты жаңы дайындалган комиссар Р.Эралиев.

Коррупцияны алдын-алуу улуттук агенттиктин башкы комиссарынын айтуусунда алдым-жуттумдук төмөндөн башталып, жогору чыгууда. Күрөштү мына ушул төмөн жактан баштоо керек .

- Биз анализдеп көрдүк. Алдынан башташ керек да бардык ишти. Анан да мыйзамдарды карап чыгыш керек. Бизде коррупцияга жол ачкан мыйзамдар да көп. Ошон үчүн мыйзамдарды да карашыбыз керек,- деп айтты Рахматулла Эралиев.

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүн зарылдыгы тууралуу оголе көп айтылат. Учурунда экс-президент А.Акаев айкөл Манастын арбагы уруп кетерин айтып коррупциячыларды уялтып келсе, азыркы президент К.Бакиев коррупция өкмөт менен президенттик акимчиликте жок деп келет, буга талдоочулар пикиринде, ишенген киши жокко эсе.

БИШКЕКТЕ КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК ЭМНЕ СЕБЕПТЕН КЫМБАТТАДЫ?

Акыркы жарым жыл ичинде Бишкекте кыймылсыз мүлккө болгон баа 200 пайызга чейин кымбаттады. Мындан 3-4 ай мурун 1 бөлмөлүү квартиранын баасы бери дегенде 15-16 миң доллар болсо, учурда бир бөлмөлүү үйдү 20-23 миң доллардан кем баада сатып алуу мүмкүн эмес болуп калды. Айрым байкоочулар турак жайга болгон баа мындан дагы жогорулайт деген божомолдорду айтышууда. Үйлөрдүн баасынын кескин кымбатташы эмнеге байланыштуу болуп жатат?

Акыркы 6 ай аралыгында турак жайдын баасы 2-2,5 эсеге жогорулады. Учурда 104, 105-сериядагы бир бөлмөлүү квартиралардын баасы бери дегенде 20 миң долларды түзөт. Албетте баа үйдүн жайгашкан жериненен да көз каранды. Кичи же борбордук райондордо жайгашкан үйлөрдүн баасы андан да кымбат. Бирок ошого карабастан үй сатып алып жаткандардын саны мурдагы эле деңгээлде калганын кыймылсыз мүлктү сатуу менен алектеген адистер айтышууда:

“Азыр банктар ипотекалык кредиттерди берип жатышпайбы. Кредит аркылуу каалагандар үй сатып алып жатышат. Турак жайдын кымбатташы дал ошол банктар берген кредиттер үчүн болуп жаткандыр, биз деле так айта албайбыз. Ал эми риэлтордук компаниялар бааларды атайылап көтөрүп жатат деген туура эмес. Аны үчүн көп акча керек. Мына азыр эң эле арзан бир бөлмөлүү квартира 23-25 миң доллар, ал эми 2 бөлмөлүүлөр 30миң доллардан ашат”, - дейт “Риэлт офис” кыймылсыз мүлк агенттигинин кызматкери.

Ырасмий маалыматтар боюнча үйгө муктаж адамдардын саны 250 миңден ашуун. Батирлерде жашап жаткан адамдар ушундай жагдайда үйлүү болобуз деп үмүт артпай калганын айтышууда:

“Мындан 3-4 ай мурун жер 2 миң доллар болчу, кымбат деп албай койсом эми ошол эле жер 4 миңге кымбаттаптыр. Квартираларды караштырсак, бир бөлмөлүү квартиралар 22 миң доллардан жогору экен. Балдарыбыз кантип оокат кылат, кайсы жерде жашайт билбейм. Υй алабыз деген үмүт деле жок болуп калды”,- дейт Адиза Ташмухамедова.

Айрым ишкерлер болсо кыймылсыз мүлк рыногунда баалардын жогорулашына ипотеканын эч кандай тиешеси жок экенин айтышууда. Талап сунушту жаратат демекчи, кымбат болсо да үй сатып ала тургандар көп болгондуктан баалар да жогорулап жатат, дейт Ишкерлер ассоциациясынын мурунку жетекчиси Өмүрбек Абдрахманов:

“Кыймылсыз мүлктүн кымбатташы табигый нерсе. Ушундай кымбат баага карабастан көп эле адамдар үй сатып алып жатышпайбы, демек ошончо акчасы, мүмкүнчүлүгү бар”.

Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, 15 жыл аралыгында өлкөдө үй куруу индустриясы кыйроого учурады. Мамлекет тараптан бюджеттик мекемелер үчүн деп кабат үйлөр тургузулуп жатканы менен, үйгө муктаждык төмөндөгөн жок. Аталган агенттиктин жетекчиси Ишенбай Кадырбеков мындай жагдайды дал ушул курулуштун жетишсиздиги менен байланыштырды:

“Учурда курулуш аз болуп, үйлөр жок болуп жаткандыктан баа өсүп жатат. Эми мындан да жогору болот. Анткени газ кымбаттады, эми цемент да кымбаттайт. Мунун бары тең баалардын жогорулашына алып келет”.

Жаңы курулуп аткан үйлөрдүн бир квадрат метри мындан 3-4 ай мурун 300-350 доллардан сатылып келсе, кыймылсыз мүлктүн кымбатташынан улам 400 долларга жетти. Үй куруучулар ушул жылдын аягына чейин курулуп жаткан квартиралардын бир квадрат метри дагы 2 эсеге кымбаттаарын жоромолдошууда.

КОЧКОР: ЖЕР ТИТИРӨӨНҮН ЗЫЯН ЗАЛАКАСЫ ЭСЕПТЕЛИП БҮТТҮ

Өткөн жылдын 25-декабрынан 26-декабрына караган түнү болгон жер титирөөдөн кийин Кочкор районунда канча эл табият кырсыгынан жапа чеккендигин изилдеген комиссия 15-январда алгачкы жыйынтыгын чыгарды. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча бул жөнүндө 16-январда өкмөттө отурум болот.

15-январда биз Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары Касен Азизовдон жалпы жыйынтык кандай болду деп сураганыбызда ал буларга токтолду:

-Район боюнча болжол менен жети үй бузулду дегенбиз. Бирок, тактай келгенде беш үй болуп жатат. Катуу жарылганы 1121 үй, орточосу 1402 үй, умеренный - 5173 үй.

Азырынча аталган сандар боюнча төмөндөгүдөй курулуш материалдары талап кылынууда.

- Ар бир айыл өкмөтүнө канча курулуш материалдары керек, баардыгын чыгардык. 810 тонна цемент керек деп жатабыз. Шиферден 29344, айнектен 10483 метр квадрат, кирпич 261 миң даана.

Имараты жарабай калган үч мектептин окуучулары 21-январдан баштап башка мектептерге которулушат.

- Азыр Акжарда гана проблема болуп жатат. Ал эми калган мектептерди чечтик. Үч мектептин окуучулары башка мектептерде отуз мүнөттөн кыскартылган режимде окушат.

Келген гуманитардык жардамдар муктаж болгон адамдарга 15-январда таратылып бүттү.

-Келген гуманитардык жардамдар айыл өкмөттөрүнө берилип, алар аркылуу элдерге берилип жатат. 8 миллион 588 миң сомго гуманитардык жардам келди.

Ал эми жардамга келген курулуш материалдары азырынча таратылбайт. Өкмөттүн отуруму болуп, такталгандан кийин таратылат.

Электр энергиясынан берилүүчү жеңилдиктер боюнча да маселе чечилди. Электр энергиянын акысы боюнча ар бир үй бүлөөгө 300 кВттан айына бекер бериле турган болду.

Комиссия иштей баштаганынан алгачкы күндөрү талкаланган времянка тамдар эсепке кирбей калса, азыр кайра карала баштады.

Азырынча элге кредит, ссуда берүү маселеси чечиле элек. Бул маселе өкмөткө сунуш кылынган. Өкмөттүн отурумунда чечилет болуш керек.

Эл арасында комиссиянын ишине нааразы болгондор бар болгондуктан, эки комиссия дагы эле иштей бермекчи.

Укук коргоочу Чынара Тургуналиева да эл арасында нааразычылыктар бар экендигин айтты.

-Он мүнөттө отуз үйгө кирип чыгышты. Элдер нааразы болуп жатат. Көрүлбөй калды деп.

Дарыгерлерге жардам сурап кайрылгандардын саны эми көбөйө баштады.

-Гансидеги америкалык авиа базадан да медициналык палаткалар тигилди. Алардын да дарыгерлери биздин оорулууларды карап жатат. Бирок, келип кайрылып жаткандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Ошондуктан республикадан дагы ушуларга жардам болсо жакшы болот эле,- дейт Кочкор районун акиминин биринчи орун басары Касен Азизов.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG