Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 17:19

Кыргызстан

20:15 Каракол-Балыкчы жолундагы автокырсыктан 5 киши каза болду

КАРАКОЛ. Бүгүн 6-январда түштөн кийин Каракол-Балыкчы каттамы менен киши ташып келаткан кичиавтобус Чоктал айылына кире бериштен ГАЗ-53 автоунаасы менен сүзүштү. Кырсык болгон жерден кичиавтобустагы 4 жүргүнчү ошол жерде каза болушкан, ал эми бир адам Балыкчы шаардык ооруканага жетпей көз жумган. Облустук МАИ кызматкерлери кырсыктын себептерин иликтөөгө алып жатышат.(RB)

КОЧКОР: ЖАПА ЧЕККЕНДЕР НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯЛАРЫНА ЧЫГЫШЫ ЫКТЫМАЛ

Кочкордо жер титирегенден бир апта өткөндөн кийин өкмөт башчысынын милдетин аткарып жаткан Феликс Кулов 6-январда Кочкор районуна келди. Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Өкмөттүн жардамы кечигип жатканына, президенттин ушуга чейин Кочкорго келбегенине, Ф.Куловдун бир аптага кечигип келгенине эл нааразы болуп, көчө акцияларына чыгарын билдирип жатышат.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов Кочкор районуна 6-январда келди.

Ал Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү менен, облустук жана райондук жетекчилер менен жыйын өткөрдү. Анда кандай иштер аткарылганы, кемчиликтер, жасал турган иштер тууралуу сөз болду.

Негизинен өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучунун жана Кочкор районунун акиминин маалыматы угулду. Жер титирөөдөн жапа чеккен бардык үйлөрдү кыдырып чыкканга үлгүрбөй жатышат, ошол себептүү атайын комиссиялардын жыйынтыгын 15-январда чыгарабыз дегенге токтолушту.

Жергиликтүү эл Ф.Куловдун ушул күнгө чейин басып келбегенине, жапа чеккендер менен жолукпаганына нааразы болуп атышат. Учурда Карасуу, Аккыя, Шамшы айылдарына жана Кочкорго комиссия жете элек экен. Эл "ар бир үйдү карап чыксын", деп атышат. Келген комиссиялар болсо көп учурда бул үйдө жашай берсеңер болот экен, деп үйлөрүбүздү жакшы карабай жатат, деп нааразы болгондор чыгууда.

Ошондой эле Теңдик, Кочкор, Аккыя, Исакеев айылдарынын жашоочулары эгерде бул өкмөт тезирээк кыймылдабаса 8-январда жөө жүрүшкө чыгабыз, деп билдиришти.

Ф.Кулов катышкан жыйын бүткөн соң мындай чогулуштун өтүп жатканын бири-биринен уккан айыл тургундары акимчиликтин алдына келип, өкмөт башчыны күтүп турушту. Имараттын ичине эч кимди киргизбей жатышты. Ф.Кулов чыккандан кийин эл аны тосуп чыгып, суроо беришти. Суроолордун негизги мазмуну барып-келип узак мөөнөткө пайызы жок кредит, ссуда бересиңерби, дегенде болду. Феликс Кулов комиссия жыйынтык чыгара электигине байланыштуу эч кандай жооп бере албастыгын айтты.

Андан сырткары кочкорлуктар “эл менен жолуксаңыз болмок, өкмөттүк комиссия жакшы иштебей жатат, берилген жардамдар эмне үчүн эмдигиче таратылбай турат”, деп нааразы болушту. Себеби 1 млн. 800 миң сомдук жардам келген экен, аларкурулуш материалдары, палаткалар. Бирок комиссия жыйынтык чыгармайынча деп, алар таратылбай турат.

“Кызыл жарым ай” коому азык-түлүк бөлгөн экен, ал элге толук жетпей жатат деген да нааразылык көп.

Кочкордун эли президент К.Бакиев өзү бир келип койсо болмок, деп мамлекет башчыны күтүп жатышат. Ал келбесе жол тосууга, башка дагы нааразылык акцияларына чыгабыз, Бишкекке, Акүйгө чейин барабыз, деген да пикирлерин айтышууда.

Ф.Куловдун кеч келгенинен улам, президенттин таптакыр эле Кочкорго келбей жатканынан улам карапайым эл арасында түндүк-түштүк маселеси да көтөрүлүп кетти. "Башка жерде ушундай жер титиресе эбак бармак, бизге эмнеге келбейт, биз сабырдуулук кылып, чыдамкайлык кылып жатабыз", деген нааразы сөздөр айтылды.

Күн болсо Кочкордо абдан суук, электр убак-убагы менен өчүп турат, анткени электр энергиясын эл көп колдонуп жаткан экен. Бир тамда үчтөн-иөрттөн үйбүлө жашап жатат. Көп элде көмүр жок. Эл көрбөгөндү көрүп жатат дешет, анткени жер титирөөдөн жарылып кеткен үйлөр көп.

Жаркын Ибраева, Кочкор айылы

16:45 Зилзаладан жапа чеккендер нааразылык чарага чыгышат

Кочкор районунун Аккыя, Карасуу, Теңдик айылдарынын эли дүйшөмбү күндөн тарта нааразылык чараларын баштамак болушууда. Бул тууралуу кабарчыбыз Жаркын Ибраева Кочкордон билдирди. Жер титирөөдөн жапа чеккендер мамлекет түзгөн комиссиялар начар иштеп, ал эми бийлик тараптан кошкөңүл мамиле жасалууда деп эсептешет. Адам укуктары боюнча комитеттин Нарындагы өкүлү Чынара Турдукулованын билдиргенине караганда, расмий комиссияларга элдин ишеними азайып, нааразылык күндөн күнгө күчөп баратат.

14:20 Зилзаладан жапа чеккен кочкорлуктарга өкмөт азырынча эч нерсе убада кыла албайт

Кочкор районунда премьер- министрдин милдетин аткаруучу Феликс Куловдун катышуусунда жыйын аяктады. Анда жер титирөөнүн кесепеттерин иликтеп аткан комиссиялар ишин аяктай электиги дайын болду. Феликс Кулов аларга дагы 15-январга чейин мөөнөт берди. Ал эми зилзаладан жараксыз болгон үч мектепте январь аягынын соңуна чейин окуу токтотула турган болду. Жыйындан кийин акимчиликтин астына чогулган 100дөй адам Феликс Куловдун алдын тосуп чыгышты. Алар арыз-муңун айтып, өкмөттөн үстөксүз ссуда берүүнү суранышты. Бирок өкмөт башчы комиссиялардын иши жыйынтыкталмайын өкмөт эч нерсе убада кыла албайт деп билдирди.

ТИЛИМ-ДИЛИМ: КЫРГЫЗ СПОРТУНУН ТИЛИ КАЧАН КЫРГЫЗЧА ЧЫГАТ?

Эмне үчүн Кыргызстанда өткөн эларалык же жергиликтүү спорт мелдештери кыргыз тилинде өткөрүлбөй келет? Ушундай оюндардын беттешүүлөрү өз эне тилиңизде өткөнүнө күбө болгон учурларыңыз барбы? Спорт намыстын иши дешет. Чын эле ошондой болсо, спорт мекемелеринин жетекчилери менен кыргыз спортунун атын жамынгандар эмне үчүн спорт тилинин кыргызча калыптанышына кайдыгер карашат? Айтор, жоопко караганда суроолор көп.

- Азыркы күндө кыргыз спортунун кыргыз тилинде лексикасы жок десек болот. Сексенинчи жылдары кыргыз журналисттеринин чоң тобу кыргыз спортунун лексикасын түзүү үчүн кыйла тажрыйба топтогон, алтургай кыргыз тилиндеги спорттук гезит чыгарууга чейин барышкан. Кийин эмнегедир бул демилгенин оту өчүп калды,- дейт белгилүү сатирик, бир кездеги спорт журналисттеринин бири Султан Акторпок.

Ушу тапта бул багытта такыр жылыштар жок деп айтуу калыстыкка жатпас эле, кыргыз спортун кыргыз тилинде алып барып жаткан баяндамачылар бар, бирок алардын сүйлөгөндөрү дагы эле копол бойдон кала берүүдө. Спорттук кээ бир терминдерди кыргызчалатып айтуудан эринишет же үйрөнгөн орус тилинен келегей которуу менен угарманга же көрөрманга тартуулай беришет.

Султан Акторпоктун айтымында, кыргыздын нукура, элге жетимдүү жалпак тили менен байытуу керек: “Албетте, алардын дүйнөлүк спортту мыкты билишеринен кенедей шек санабайм, бул жагынан жаштар кыйын, бирок алар өз эне тилинен аксап жатышат.”

Бүгүн спорт чоң мелдеш эле эмес чоң бизнеске, демек ал чоң саясатка да айланган кези. Дүйнөнүн бир өңүрүн мына ушул спорт маданияты каптап келаткан кезде биз каалайбызбы, каалабайбызбы, акыры кыргыз спорту өз тилинде сүйлөбөй кое албайт. Ал үчүн спорт оюндарын жакшынакай кылып баяндап берүү өнөрүн намыс кылбай туруп эле улуу муундардан жана өнүккөн түрк тилдүү элдердин тажрыйбаларынан үйрөнсө болот дешет. Бирок айрым журналисттер эларалык спорт терминдерин кыргызчалатууга каршы.

Табылды АСЫГАЛИЕВ ”Заман Кыргызстан” жумалыгынын сопрт баяндамачысы:- Спорттук темада макала жазууда айрым терминдердин кыргыз тилиндеги аталышын табалбай кыйналам. Мисалы, футбол оюнундагы “подкадка”,”гол”,”штанга”,
”аут”, ”девятка”,
деген терминдерди кантип
кыргызча түшүндүрүүгө болот? Менимче мындай сөздөрдү которбой эле түп нускасында берсе болот деген ойдомун.

Журналист Табылды Асыгалиевдин бул пикирине КТРдын спорт баяндамачысы Кубан Атабеков караманча каршы.

Кубан АТАБЕКОВ:- Өз алдыңча улут болгондон кийин эларалык спорт терминдерин де жакшынакай кылып кыргыз тилинде сүйлөтсө болот. Мен мисалы көп сөздөрдү К.Юдахиндин “Орусча-кыргызча сөздүгүнөн”издеп таптым. Мисалы спорттук беттешүүлөрдү бандаган учурумда ошол китептен тапкан “ринг төшөлмөсү”,”мушкер”, “чоюн алп” деген сөздөрдү колдонуп жүрөм. Изденсе өз тилибизде сүйлөтпөй турган эч нерсе жок деп ойлойм.

Спорт тилинин орусча болуп жатышына көбүнчө мурдатан бери келаткан адат, андан чыккысы келбеген спорт жетекчилери күнөөлүү деген пикирлер да жок эмес.

Алмаз КАСЕНОВ, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия агенттигинин орунбасар деректири:

- Биз өзүбүз күнөөлүүбүз деп ойлойбуз. Мелдештердин дээрлик бардыгы эле орус тилинде өткөрүлүп келет. Жадагалса “байге” деген эң сонун сөзүбүз турса “приз” дейбиз, “устат” деген сөз турса “тренер” дейбиз. Дүйнөлүк спорт берүүлөрүн эч кандай кыйналуусуз эле көөнө кыргыз тилинде алып барууга эбак мезгил келген. Көп сөздөрдү кадимки “Манас” эпосунан тапса болот, көп сөздөрдү теги тектеш түрк туугандардан, түрк тилдүү элдердин спорттук баяндамаларынан алса болот. Маселен Түркүя спорттук мелдештерин жалаң өз тилинде алып барат. Ал эми кыргыз тилинин уңгусу дал ушул түрк элинин тилинде жатат. Демек терминдерди алардан, коңшу казактардан алууга эмне үчүн болбосун? Болгону эркибиз жетпейт.

Кеп соңунда кыргыз спортунун жетекчилеринин жана анын атын жамынып, кадыр-барк күтүп, жер шарын кыдырып жүргөндөрдүн көңүлүн Айдай аттуу кыз менен Адил атуу жигиттин айткандарына бура кетели.

АЙДАЙ: - Мен өткөндөгү Азия оюндарын КТР аркылуу башынан аягына чейин көрдүм. Мага ошондогу кыргызча алып барган баяндамачынын сөзү жакты. Эмне үчүн физкультура институтунун базасында атайын коментаторлордун мектебин ачып коюуга болбойт? Эгер ушундай мектеп ачылса келечекте кыргыз спортун кыргыз тилинде баяндаган адистер өсүп чыгар эле.

АДИЛ: - Мен мектепте окуп жүргөнүмдө спорттук баяндамачы болгум келчү. Аябай кыялданчумун. Бирок, өз алдымча жол табалбай, мага жол көрсөтө турган эчким болбогондуктан “мечтам” талкаланып калды. Эми өкүнөм. Мендей жолун табалбай калгандар көп болсо керек деп ойлой берем.

12:20 Ипотекалык ыкма менен мамлекеттен үй ала тургандардын тизмеси такталды

Бул тууралуу токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов кол койду. Ага ылайык тиешелүү аймакта 3 жылдан кем эмес жашаган, Кыргызстан аймагынан буга чейин үй салууга жер участкасын албаган, соңку 5 жыл ичинде кыймылсыз мүлк менен алып-сатуу, алмаштыруу иштерин жасабаган атуулга гана кыргыз өкмөтү ипотекага турак-жай алыш үчүн мамлекеттик казынадан субсидия алууга уруксат берет.

11:50 Феликс Кулов Кочкордо жыйын куруп атат

Ушул сааттарда Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов Кочкор районунун акимчилигинде тиешелүү мекемелерди чогултуп жыйын куруп атат. Анда жер тиртирөөнүн кесепеттерин жоюу чаралары талкууланууда. Ал эми имараттын алдында жапа чеккен 200гө адам арыз-муңун айтабыз деп Феликс Куловду күтүп турушат.

ӨКМӨТ ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИН ТҮЗҮҮНҮ КААЛАЙТ

Өкмөттүн жаңы структурасы парламентке берилген. Андагы өзгөчөлүктөрдүн бири өнөр жай жана энергетика министрлигинин түзүүнүн каралышы. Мындай министрликти түзүү менен канчалык максатка ылайыктуу? Ал тармакты кризистен чыгарууга жол ачабы?

Өлкөнүн экономикасынын арка-бели болгон энергетика тармагы көптөн бери төлөбөстүктөрдүн кризисине кабылып келет. Мурунку президент абалдан чыгуу үчүн вице премьер даражасында энергетика боюнча атайын өкүл кызматын түзүп, ага Жантөрө Сатыбалдиевди дайындаган. Бирок маселе чечилген эмес. Андан кийин бөлүштүргүч тармактарды, алардын ичинен алгач «Түндүкэлектрону» концессияга берүү демилгеси көтөрүлгөн.

Мына ушул демилгени азыркы президент Курманбек Бакиев да колдоп, бул багытта мыйзам кабыл алууну Жогорку Кеңешке тапшырып келет. Президент энергетика министрлигин түзүү тармакты кризистен чыгарууга алып келбесин да айткан.

Бирок өкмөттүн структурасын түзүү укугуна ээ болгон премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов өзү сунуштаган структурада энергетика тармагын министрликке айлантууга кадам таштап, анда өнөр жай жана энергетика министрлигин түзүүнү караштырган.

Бирок энергетиканы башка тармактарга кошпой, өзүнчө министрлик кылып түзүүнү жактагандар жок эмес. Маселен, Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик агенттиктин статс катчысы Батыркул Баетов мындай пикирин айтат:

-Гидроэнергетикада биздин келечек абдан чоң. Бул тармактагы 91% потенциалыбызды колдоно элекпиз. Ошонун баарын пайдаланыш үчүн бирдиктүү мамлекеттик орган болушу абдан зарыл. Ал орган башка тармактар менен кошулбаш керек. Өнөр жай жана башкаларга кошуп койгондо болбой калат. Казактар кошуп алып кандай болгонун көрүп жатпайбызбы .

Батыркул Баетовдун пикиринде, бирдиктүү орган түзүү энергетика тармагын кризистен чыгарууга түздөн-түз жол ачат.

Өлкөнүн мурунку вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов Кыргызстанда энергетика менен суу маселеси бекем байланышта, ошондуктан суу-энергетика министрлигин түзүү максатка ылайыктуу дейт:

-Азыр биздин энергетикабыз түздөн-түз суу ресурстары менен байланышкан. Ошондуктан биз энергетика-суу ресурстары деген министрлик түзүшүбүз керек. Анан биз Борбор Азияда күчтүү суу-энергетика саясатын жүргүзүшүбүз керек. Ошону биз жүргүзө албай кийинки он беш жылдын ичинде Борбор Азияда күчүбүздү толугу менен жоготуп алдык.

Мына ушундай министрлик сунуш менен мамлекет жетекчилигине кайрылганын, бирок ал жактан жооп боло электигин Мамбетов белгилей кетти.

Ысыккөл облусунун мурунку губернатору Эсенгул Өмүралиевдин пикиринде экономика, тышкы соода жана өнөр жай министрлигин мурунку калыбында калтыруу максатка ылайыктуу. Анткени бул тармактар бири-бири менен тыгыз байланышта.Ал эми энергетика тармагын өзүнчө министрлик катары түзүү максатка ылайыктуу:

-Кыргызстан үчүн энергетика өзгөчө тармак. Анткени келечекте биздин экономиканын чоң локомотивинин бири энергетика. Биздин сууларда 140 миллиард килловат саат энергетия өндүрсө болот. Ошон үчүн келечекти карап, муну өзүнчө министрлик кылып түзүп койсо эң эле туура болот.

11:00 Кыргыз балдардын өз “Ералашы” пайда болду

Орусиянын атактуу “Ералаш” көрсөтүүсү сыяктуу Кыргызстанда да балдар үчүн “Аралаш” деп аталган киножурнал тартыла баштады. Балдар турмушунан алынган ар кыл окуяларды режиссер Бакыт Карагулов тасмага түшүрүүдө. Ролдорду белгилүү актерлеор жана мектептерден тандалып алынган окуучулар аткарууда.

10:37 Кочкордо эл арасында нааразычылык күчөп баратат

Кочкор районунда үйү жараксыз болуп калган майыптарга жана жарды-жакыр адамдарга гуманитардык жардам тийген жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” адам укуктары боюнча комитеттин өкүлү Чынара Турдукулова билдирди. Анын айтымында, нааразы болуп чогулган 300дөй адам кечээ Кочкорго барган Чукул кырдаалдар министри менен Саламаттык сактоо министрине жолугууга аракет кылып, бирок жолуга алышкан жок. Бүгүн болсо Кочкордогу Акыйкатчынын кеңсесинин алдына 500дөй адам чогулуп Феликс Куловго жолукканга аракет кылышмакчы. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов бүгүн Кочкор районунун акимчилигинде бардык мекемелерди чогултуп, жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуну талкуулайт.

10:46 Дүйшөмбүдө Жогорку Кеңеш өз отурумун баштамак болууда

Бирок жаңы жыл алдында спикер Марат Султанов парламент 15-январга чейин каникулда деп жарыя кылган. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргенге караганда, дүйшөмбү күнү депутаттар күн тартибиндеги маселелерди бекитет. Биринчилерден болуп карала турган маселелердин катарында 2007-жылдын бюджети, Шайлоо кодексине, Саясий партиялар тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөр,өкмөт курамына байланышкан маселелер турат.

10:25 ХИПКке каршы чаралар үчүн А.Абдрасулова айыпка тартылабы?

Азиза Абдрасулованы административдик жазага тартуу боюнча сот иши 12-январда болот. Ленин райондук соту бул ишти 20-декабрда карап баштап, тиешелүү материалдар толук болбогону үчүн артка жылдырган. ХИПКке каршы нааразылык акциялары учурунда коомдук тартипти бузуп, бейбаштык кылган деген айып коюлууда. Бирок Азиза Абдрасулова муну саясий куугунтук катары баалайт.

10:00 Жаш саясатчылар тышкы карызды талкуулайт

Жаш саясатчылар форуму 24-январда “Тышкы карыздан кутулуунун альтернативдүү жолдору” деген аталышта конференция өткөрөт. Аталган форум буга чейин өлкөнүн ХИПИК программасына кирүүсүнө каршы митинг жана пикеттерди өткөрүп келди. Бул жыйында эксперттер, көрүнүктүү ишкерлер жана энергетика тармагынан өкүлдөрү келишип, жаштар менен ой бөлүшмөкчү.

9:50 “Реформачылар” мындан аркы кадамдарын талкуулашат

“Кыргызстан көзөмөлдөгөнгө мүмкүн болбой калчу башаламан кырдаалга барататат”. Мындай пикирин “Азаттыкка” депутат Кубатбек Байболов билдирди. Анын пикиринде, президент Конституциянын жаңы редакциясына кол койсо анда карама-каршы күчтөрдүн көтөрүлүшүнө, өлкөдө кырдаалдын курчушуна алып келет. Ал эми “Реформа үчүн” кыймылынын координатору Өмүрбек Абрахманов билдиргенге караганда, ушул аптада реформачылар чогулуп, мындан аркы иш-аракеттерин талкуулашат.

9:20 Кочкор районуна Феликс Кулов баратат

Бүгүн Кочкордо 500дөй киши чогулуп, жапа чеккендерге түшкөн жардамдын туура бөлүштүрүшүн көзөмөлдөгөн көз карандысыз комиссия түзүшөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” адам укуктары боюнча комиссиянын өкүлү Чынара Турдукулова билдирди. Чукул кырдаалдар министрлиги билдиргенге караганда, жер титирөөдөн жапа чеккендерге эл аралык жана башка уюмдардан 12 миллион сомдон ашык гуманитардык жардам келген. Бүгүн жер титирөөдөн жапа чеккендердин абалы менен Феликс Кулов таанышып кайтат.

ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОР: КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТУҢГУЮК ЭМНЕГЕ АЛЫП КЕЛЕТ?

Кубат Оторбаев:- Бүгүн биз Конституциялык реформа тууралуу сөз кылабыз. Студияга биз эки киши чакырдык. Парламенттин Конституциялык түзүлүш боюнча комитетинин төрагасы Исхак Масалиев жана депутат Каныбек Иманалиев.

- Исхак мырза, сизден баштасак, айтып өткөндөй сиз жанагы комитеттин төрагасысыз. Ошондуктан бул маселеге түздөн-түз тиешеңиз болду сиздин. Ушул Конституцияны кабыл алуу учурунда 9-ноябрда кабыл алынган Конституциянын 93-94-статьялары бузулду деген сөз бар. Ал жерде Конституциялык соттун бүтүмү керек, андан тышкары үч айдан эрте эмес алты айдан кеч эмес убакытта каралыш керек. Бир жолу коюлгандан кийин өтпөсө бир жылдан кийин келиш керек деген сөздөр болгон. Ошондуктан бул Конституция антиконституциялык жол менен мыйзамсыз кабыл алынды. Күчүнө кирбеш керек деген сөздөр бар. Буга эмне дейсиз?




Исхак Масалиев, Жогорку Кенештин депутаты, Конституциялык түзүлүш боюнча комитеттин төрагасы

И.М:- Эгерде жыйынтыкка келсек, анда биз 9-ноябрда кабыл алынган Конституцияны деле мыйзамсыз деп эсептешибиз керек. Себеби ошол эле мезгилде кайсы бир Конституцияга өзгөртүүлөр болгондо анда Конституциялык соттун кортундусу керек деп жазылган мурда. Бирок ошол мезгилде эсиңиздерде болсо 8-ноябрда биз барыбыз Жогорку Кеңеш жолун издеп тапканбыз. Биздин иштеп аткан регламент жөнүндөгү мыйзамга 16-пункт деп кошуп, мыйзам кабыл алдык. Ага президент кол койду. Бул Конституциянын жаңы редакциясы деп аталган. Чынын айтканда атын биз өзгөрттүк, мүмкүнчүлүк бердик кабыл алганга. Ал эми 30-декабрда ушул эле жол менен эч нерсени өзгөртпөй ушул эле законго таянып туруп жаңы редакция деп сунуш кылып кабыл алдык. Бул жерде Конституция бузулган деп айта албайм. Себеби биз жаңы Конституция эмес өзгөртүүлөр жана толуктоо эмес, жаңы редакция деген терминди пайдаланып кабыл алдык.

К.О:-Бирок Конституциялык соттун төрайымы деле өзү башында айтты го, Конституциялык соттун өзүнүн бүтүмү керек деп?

- Жок. Конституциялык соттун төрайымы айтты биздин жыйналышта, чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алганга өзүңөрдүн укугуңар бар деп. Ал эми эгерде Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо болсо заключение керек. Эгерде жаңы Конституция болсо анда сөзсүз биз Конституциялык соттун кортундусун алышыбыз керек.

К.О:- Каныбек мырза, сиз эмне дейсиз, мына 9-ноябрда дагы туура эмес жол менен кабыл алынган, өтө кемчиликтер көп болгон, ошондуктан бул карама-каршылыктарды жоюш үчүн ушул аргага, ушул чарага бардык деп айтып атышат. Сиздин пикириңиз?

К.И:- Биринчиден, 2002-жылы кабыл алынган редакция менен референумда Конституцияда Конституцияга өзгөртүү, толуктоо киргизүүнүн жобосу кабыл алынып, ал эми жаңы Конституция кабыл алуу жазылган эмес. Ошол себептен 8-ноябрда сессияда Текебаев сунуш киргизип, жаңы Конституцияны кабыл алуунун жобосун бекиттик укуктук негизин түзүп. Ошонун эсебинен биз жаңы Конституцияны кабыл алдык өтүп кеткен 2006-жылдын 9-ноябрында. Ошого 65 депутаттын 64ү добуш берди, ошого президент кол койду бүткүл дүйнөгө жарыялады. 30-декабрда кол коюлган азыр бизде жашап жаткан Конституциянын 93-статьясын бузду. Анда жазылган Конституцияга толуктоо же өзгөртүү киргизсе, же жаңы Конституция кабыл алынса, анда Конституциялык соттун кортундусу керек 3 айдан эрте эмес 6 айдан кеч эмес. 94-статьяда жазылган эгерде Конституциянын долбоору, же өзгөртүү, толуктоонун долбоору коюлса добушка өтпөй калса бир жылдан кийин гана коюлат деп. Ал эми биздин төрагабыз Марат Султанов адегенде жума күнү койду, 46 добуш алып калды, анан кийин ишемби күнү 30да койду 47 добуш алып калды, анан электронный деп 49 добуш алды. Төрт жолу Конституция бир күндө бузулду. Демек укуктук конфликт калды, ал эми моралдык жагынан келсек 52 депутаттын 50сү добуш берип, бирөөсү айтты, мен бул Конституцияга каршымын, себеби бул бүт принциптерди бузуп атат, аргасыздан добуш бердим деп. Конституция деген бул жалпы Кыргызстандын элинин эркин билгизет да. Бул эркин билгизбей эле зордукчулук, мажбурлоо жолу менен кабыл алынды.

К.О- Исхак мырза, кандай дейсиз ушул Конституция кабыл алынганы менен барыбир коомдогу ыплас, бири-бирине болгон ниеттерди жакшы консенсусу болдубу, же кайра чоң чатактын башы болдубу?

- Жок, чоң чатактын башы болбойт. Эгерде ким чатак чыгарам десе, ага Конституция барбы, жокпу айырмасы жок. Эгерде бирөө-жарымдын максаты башка болсо, бийликти алмаштырам деп, жеке же президент, же премьер-министр, же спикер жакпаса бул башка кеп. Ал жерде миң Конституция жассаң деле карабайт аны.

К.О:- Сиз эки ооз сөз менен айта аласызбы, ушул зарылчылык эмнеден улам келип чыгып атат. Чыныгы себеби?

- Бул зарылчылык азыркы иштеп аткан Конституцияны 9-ноябрда кабыл алганыбыз, мойнубузга алышыбыз керек, шашылыш мезгилде бир топ каталар, кемчиликтер калган. Учурда булар өзүн көрсөтөт деп өкмөт отставкага кеткенде биринчи проблема чыкты. Эртеси күнү парламент түзүлгөндө экинчи проблема чыгат, кийин сот системасы түзүлгөндө үчүнчү проблема чыгат. Бул жерде ички проблемалар калды. Ошондуктан зарылчылыгы бар деп мен терең ишенем. Ал эми оңдоп коёюн Каныбек Иманалиев кичине ката кетирип атат. 8-марттагы регламент жөнүндөгү толуктоо мыйзамды Марат Султанов киргизип, президент кол коюп, жол ачканбыз. Бул жерде 30-декабрда кабыл алган долбоордо депутат Темир Сариев, Өмүрбек Чиркешовичтин колдору бар. Кээ бир өзгөртүүлөр боюнча алар кызыгып мазмунуна аралашып, сунуштарды берген, ал сунуштар кабыл алынган. Кандай түшүнөбүз, эгерде мыйзмсыз болсо, анда эмне себептен киргизип атат сунуштарды.

- Чыныгы түпкү себеби, түпкү максат президентке ыйгарым укуктарын күчөтүп, ага бийликти кайра алып бериш керек деген сөз болбодубу?

- Таптакыр кошулбайм. Бизге айтып атат, силер президентке кошумча бийлик бердиңер деп. Андай эмес. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияны дайындоону бердик деп атабыз. Бүгүнкү күндө деле мыйзам боюнча ошондой. Азыркы Конституция боюнча аткаруу бийлигине кирсе деле иштеп аткан мыйзам менен администрациянын башчыларын губернаторлорду президент өзү дайындайт.

- 9-ноябрда сиздер демилгечи болдуңуздар эле. Ушул маселе боюнча айтсаңыз эң негизгиси?

- 9-ноябрдагы жана 30-декабрдагы окуя экөө эки башка бийиктиктеги окуя. 2-ноябрдан 9-ноябрга чейин бир жума бою Кыргызстандын эли бүт региондон, 25 депутат бүт Кыргызстандагы бийлик философиясын реформалайлы деп келдик. Анын ичинде укук коргоо органдары, өкмөт, партия, президент. Ал эми 30-декабрдагы окуя бир эле нерсеге байланышкан президенттин укугун кеңейтели деп. Үч фактор биз сот системасынын укугун президентке берип койдук. Ошондо жазылды президент өкмөттүн токтомдорун, буйруктарын жокко чыгара алат деп. Муну сот гана жокко чыгарыш керек. Парламенттин да укугу жок. Президентке берип койдук. Бул бийликти узурпациялоого биринчи кадам. Экинчи, өкмөт премьер министр өзү парламент менен макулдашып өкмөттү түптөйт дедик дагы аскерий министрликтерди, анын ичинде ички иштер министрлиги, коопсуздук кызматын президентке бердик. Үчүнчү, акимдерди, губернаторлорду мурункуда өкмөттө калган, эгерде Конституциялык өкмөт жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизбесек бул нукта калмак болчу. Ошондуктан ката кетип калган деген бул жөн эле ошонун терисин жамынып алып, түпкү максат президентке мурункудан дагы көбүрөк полномочие бердик. Демек Конституциялык конфликт чечилген жок.



Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты


- Каныбек мырза, сиз учурунда Аскар Акаев менен иштеген кишисиз, ал кишини колдоп, анын командасында болгон кишисиз. Эмне себептен ошол Конституцияны мисалы Аскар Акаев бийликте турганда азыркыдай каршы болуп туруп президенттин бийлигин азайталы деген маселелерди көтөргөн эмессиз?

- Ал учурда мен иштегеним чын. Ал учурда кээ бири өмүрлүк жубайы менен кошулуп иштегендер да бар. Мен бир да секунд өкүнбөйм ошол учурда иштегениме. Мен анда чоң мектептен өттүм. Ал учурда биринчиден, мамлекеттин түптөлүү мезгили эле. Экнчиден, азыркыга караганда стабилдүүлүк эле. Азыр мына бир жылда үчтөн депутатты атып кетип атат, криминал көчөдө жүрөт. Анчалык болгон эмес да. Ооба, коррупция болгон. Коррупция азыр андан эки эсе ашып кетпедиби. Ооба үй-бүлөлүк кийлигишүү болгон. Азыр андан эки эсе ашып кетпедиби. Кеп ошондо кеткен кемчиликти кайталабоо керек эле. Бир адамдын бийлигин кайталабоо керек эле. Биз ал кишинин айкөлдүгүнө ишендик эле. Бирок ситема акыры ошол кишинин курмандыгына айланды. Биз мындан кийин кыргыздын тарыхында жакшы саясатчы калтыра алабызбы аны бир Кудай билет. Бирок биз азыркы саясатчылар жакшы система калытырышыбыз керек. Ошон үчүн күрөшүп атабыз.

- Исхак мырза, комитеттин төрагасы катары, акимдер, губеранторлор боюнча сиздин позицияңыз түшүнүктү болду. Берки маселе боюнча, мисалы өкмөттүн чыгарган токтомдорун президент өзү жокко чыгара алат деген маселе?

- Кубат, мен бир нерсеге таң калам. Бир топ саясатчылар, депутаттар биз кабыл алган мыйзамдын мазмунун окубай туруп жанагыдай сөздөрдү божомол кылып жалган сүйлөп атат. Бул жерде президентке мүмкүнчүлүк берилген долбоорунда болчу. Анан Өмүрбек Чиркешович Текебаев, башка депутаттар карыш болгондо биз ошол жобону алып ташкаганбыз. Мыйзам чыгаруучу функцияны алып таштадык президенттен. Экинчи, президент вправе приостанавливать и отменять решение исполнительной власти дегенде биз отменять дегенди алып таштадык. Приостанавливает, гарант болгондон кийин ал укук бериши керек. Эгерде токтом, распоряжение туура эмес кабыл алынса президент токтотуп турат, ал эми отменанын өзүнүн жолу болот. Ошондуктан акыркы вариантты окуп туруп анан айтыш керек. Ал эми куралдуу күч министрлигин айтсак, мурунку Конституцияда да, андан мурунку Конституцияда да дайыма президент башкы командачы, бүт куралдуу күчтөрдү башкарат ошол киши. Эгерде ушул башкаруучу болгондон кийин кантип коргоо министрди талашып отурат. Бакиев Куловдун ортосунда ушул маселе боюнча кичине чыр чыккан. Биз ойлодук эгерде верховный главнокомандующий президент болсо анда эч бул жерде уялыштын кереги жок. Бирок ал министрлик өкмөттүн курамында калат.

- Сиз комитеттин төрагасы катары, дагы бир башка топ, дагы бир күчтөр бир Конституциянын долбоорун алып чыкса жанагы нерселерди алып таштайбыз, туура эмес болуп калды деп. Ошого дагы сиз өзүңүз бүтүмүңүздү берип, комитеттен чечим чыгарып сессияга койсо болобу? Ошондой дагы учурлар болуп атат да?

- Теорияда 38 депутаттан ашык кол коюп сунуш берсе кайсы бир мыйзамдын долбоору боюнча, анда биз караганга милдеттүү болобуз. Ал эми кабыл алыш бул башка кеп. Биз азыр кабыл алган Конституцияда так жазып койдук. Жаңы редакция деген да сөздү кошуп койдук. Кайсы өзгөртүү болсо мындан ары Конституциялык соттон кортунду алыш керек. Ал эми Конституцияда 3төн кем эмес 6дан ашык эмес деген бул Конституциялык сотто каралбайт. Керек болсо Конституциялык сот бир күндө эле карап берет. Ал эми депутаттар 3 айдан кем эмес, 6 айдан ашык эмес мөөнөттө караш керек. Ошондуктан эгерде ушундай мыйзам болсо, мисалы бир комитеттин төрагасы ар бир мыйзамды караганга милдеттүү болом.

- Сиздердин мындан аркы кадамыңыздар кандай болот. Ушуну менен сиздер бүтөсүздөрбү, же дагы эл арасында сөздөр бар депутаттар өздөрү деле жашырышпайт, мындан да күчтүүрөк кадамдарга барабыз, пикет, митингдер мындан ары уланышы мүмкүн деген пикирлер бар. Конституциялык сотко кайрылабыз деген сөздөрдү айттыңыздар?

- "Реформа" кыймылынын негизги өкүлдөрү чогулуп сүйлөштүк. Бир бүтүмгө келүүгө дагы убакыт бар. Саясий күрөш эми бөлөк формада, бөлөк жол менен кетет. Бул жөн эле 20 депутаттын амбициясы эмес, ушуга тарых өзү алып келген. Мына 20 кылымдын башында бүт монархиялык мамлекеттер адегенде монархиядан президенттик мамлекетке өткөн. Италиядагы, Германиядагы диктатурадан кийин бүтүм чыгарып, бийликти тең бөлүшкөн. Азыр дүйнөдө 41 демократиялык мамлекет болсо ошонун 36 парламенттик мамлекет, бешөө гана Финляндия, Франция, Италия, Америка, Германия президенттик мамлекеттер. Бирок президенттин полномочиеси өтө аз. Эгерде бийликти 100 пайыз акционердик коом деп эсептесек, 33 пайызы аткаруу бийлигине, 33 пайызы парламентке, 33 пайызы сот менен татыктуу болуш керек. Бирок бизде азыркы өзгөртүүдөн кийин бийликтин контролдук пакетинен көбүрөгү, 50 пайыздан ашыгы президентке өтүп кетти.

- Мындан ары эмне кыласыздар?

- “Реформа үчүн” кыймылы жаңы жылдан кийин жолугуп сүйлөшөт. Биз негизинен эл менен иштейбиз. Мен 1-январда өзүмдүн шайлоочуларым менен болдум Акдөбө айыл өкмөтүндө. Алар бул Конституцияга биз добуш берген эмеспиз. Биз 2нен 9на чейин мурунку редакцияны колдоп ошол жака барганбыз дешүүдө. Демек, муну толук камдуу элдин таанышы, кабыл алышы жүрөгү менен күмөн.

- Парламент өзүн өзү таратуудан коркуп, бийлик тарабынан колун бурагандан кийин ушундай абалга барышты, эки айдын ичинде эки Конституция кабыл алганга аргасыз болду деген сөздөр бар. Сиз кандай ойдосуз парламенттин өзүндө ошондойбу?

- Балким сөздүн негизи бардыр. Кээ бир депутаттар ушул коркунучту карап туруп добуш бергендир. Жеке менин өзүмдүн позициям биз 9-ноябрдагы кабыл алган негизги Баш мыйзамды катачылык болгонун мойнубузга алып, биз ушуну оңдошубуз керек деген позицияда турам. Ал эми дагы бир жолу кайталап коёюн, керек болсо анализ кылып туруп иштеп аткан жаңы кабыл алган Конституцияны салыштырып көрөлү, юристтер карап пикирин айтсын. Мен кошулбайм мазмунун окубай туруп эле кайра-кайра биз карашыбыз дегендерге. 2003-жылы жаңы редакция кабыл алганда ошол эле биздин депутаттар азыркы маңдайымда отурган депутаттар эң жакшы Конституция түздөп атышкан. Ал супер президентский болчу. Мазмуну боюнча негизги багыты өзгөргөн жок.

- Тогузунан кийин деле президент деле, мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров деле, мыкты, консенсуска жеткен Конституция болду, эми ушуну менен жашайлы деп айтышты эле?

- Туура, консесуска алып келген Конституция деп эки тарап тең ыраазы болгон. Бирок аз киши билет, ошол түнү биз суранганбыз, бир күн бергиле юридика жагын тактаганга деп. Мына маңдайымда отурган авторлордун бири макул болгон. Бирок эки тарап тең 10 миң адам турат деп ситуацияга карашкан. 30-декабрь менен айырмасы эмне. Болуптур 20 миң адамды алып келсек эмне өзгөрүлүп кетет. Негизги чечим болуп атат. Ошондуктан мен суранат элем, ким сын пикир айтса, биринчи окуп туруп анан сын пикир айтса жакыш болот эле.

- Негизи макул боло аласызбы, мисалы өкмөт капысынан отставкага кетип калган учурда ошонун чечүү жолдору каралбаптыр да чындыгында?

- Бул мурунтан ойлонулган. Текебаев экөөбүз ушул Конституцянын долбоорун алып кетип атканда Сооронбай Жээнбеков, Исхак Масалиевдер болуп ушуну 96-95-статьяларга киргизгенбиз. Эгерде 2010-жылга чейин өкмөт отставкага кетип калса депутаттардын жарымынан көбү көрсөтүлгөн кандидаттарына президент бекитип берет деп. Булар атайын алып салган. Мурунтан эле ойлонгон саясий акция. Исхак Масалиев айтып атпайбы, экөөнүн айырмасы кайсы 9-ноябрь менен 30-декабрдын деп. Айырмасы асман менен жердей. Себеби 2-ноябрдан 9-ноябрга чейин ушул жерде тургандар демократиялык принцип менен гана зордук зомбулукту, моюн толгоп, кол бураганды колдонбой, мисалы, биз барып кайсы депутаттын карточкасын алып койдук. 30да көрбөдүңөрбү, депутаттар бири-биринин карточкасын алып атты. Депутаттын укугун тепсеп, Конституцияны тепсеп, шайлоочулардын укугун тепсеп кабыл алынды. Анда эл жалпы Кыргызстанда реформа кылалы деп чыгышкан. 30да президентке көбүрөк полномочие берели деп чыгышты. Экөөнүн максаты эки башка.

- Исхак мырза, жалган сөз десеңиз айтыңыз.

- Бул жалган сөз. Эки редакцияны гезитке бастыралы. Убакыт берели, адситер окуп чыксын. Анан кийин көпчүлүк берген деп атат, берилген жок эч нерсе. Ачык айтканда депутаттарга көбүрөк мүмкүнчүлүк берип атат. Мына роспуск дегенде сиздердин Өмүрбек Чиркешовичтин сунушу боюнча парламенттин роспускасын алып таштадык. Бүгүнкү күндө эгер парламент өкмөттү бекитпесе, же самороспустан тышкары башка бир себеп менен роспускага барбайт. Шайлоо дайындайт. Депутаттар толугу значогу менен кол тийбестиги сакталып шайлоого барат. Экинчи, парламенттин мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Биз ойлоп атабыз, паралменттик республикага өтүп аткандан кийин биз ошол багытты кылып атабыз. Эмне үчүн бийликти берди, мамлекеттик администрация дайындаш керек деген эң негизги биздин себебибиз, эгерде премьер партиялык көпчүлүктүн өкүлү болгондон кийин госадминистрацияны башкара албайт ал. Анда партиялык түзүлүшү вертикаль болуп калат да. Ошондуктан президентти жалпы эл шайлагандан кийин ошолорду дайындаш керек.

- Бир партиянын монополиесин сактайлы деп атасыздарбы?

- Биз азчылыкты ойлонушубуз керек да. Окуп туруп анан айтыш керек, тескерисинче бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин иши менимче демократиялык, эки кадам алдыга жылды.

- Исхак мырза, дагы бир маселе. Мына 30да кабыл алынган Конституция азыркы өкмөттүн абалын чече алабы. Азыр милдетин аткаруучу болуп турушат. Мындан ары кандай жол бар? Өкмөт болсо кеттик деп кетип калышты. Сиздерге отчет бербей калды, мисалы бюджет жана башка маселелер боюнча?

- 9-ноябрда Конституция кабыл алганда мен ойлогом бир эле нерсе бизге проблема түзөт, эгер өкмөт өз ыктыяры менен кетсе. Себеби ошондо биз жазып салганбыз, мен деле Каныбекке окшоп өкүнүп атам. Акырында редакция кылганда көп авторлор бар болчу. Мен да ушул сунушту колдойт элем, өкмөттү азыркы парламент дайындай берсин деп. Биринчи себеп, ага мүмкүнүлүк жок, 70-статьяда сунуш менен жазылып калыптыр, азыркы күндө президент түзгөн өкмөт жаңы парламент түзмөйүнчө милдеттерин аткара берет деп. Экинчиден, Жогорку Кеңеш жөнүндө жазылып калыптыр, депутаттар мөөнөтүнүн аягына чейин өзүнүн полномочиесин сактайт деп. Бирок депутат деген Жогорку Кеңеш эмес да, бул эки башка чоң нерсе. Депутат деген жеке бир адам, Жогорку Кеңеш деген бул иштеп аткан орган. Ошондуктан ушундай кемчиликтер бүгүнкү күндө өкмөттүн тагдырын чече албай турган мүмкүнчүлүк болуп атат.

- 30да чечеби эми. Кандай жол бар?

- Биз дагы бир мыйзам кабыл алдык. Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргиздик. 7-статьяны башкача жаздык. Бүгүнкү күндө, өкмөт башчысын президент алып келет, депутаттар макулдук берет, анан премьер министр министрлерди президент менен экөө чечет.

- Бул жөн эле себеп болуп калды. Алар бузчу учурда Конституцияны буза беришет. Былтыркы өкмөт мартта даярдалып декабрга чейин 9 ай өкмөттүн милдетин аткаруучу болгон. Конституцияда андай бир дагы положение жок. Азыркы болсо атайын ошондой пробелди калтырып коюшкан. Бирок өкмөт жөнүндө Конституциялык мыйзамдын негизинде президент алып келип кандидатураны көрсөтүүгө акысы бар эле. Ал эми жаңы Конституция боюнча партиялык көпчүлүк дейин десе, бизде 22 партиядан өтүп келгендер бар. Ошол кол топтоп көрсөтүүгө акысы бар эле юрилдикалык формалдуулук үчүн. Үчүнчү, бул өкмөттүн милдетин аткаруучу кылып дайындап, бирок алты айдын ичинде Конституцияга киргизип, укуктук негизде даярдап койсо болот эле. Демек, мунун саясий максаты такыр бөлөк болчу. Ушунун негизинен булар ойлошкон парламентти коркутуп, силер эми таркайсыңар деп президенттин полномочиесин кеңейтип алуу жолу болчу. Булар ал максатына жетишти.

- Эмнеден кеңейтти айтып берсеңиз?

- Өзүңүз кайталабадыңызбы. Укуктук өлкөлөрдө өкмөтпү, парламентпи, президентпи, алардын чечимдери мыйзамды бузса, прокуратуранын протести менен сот гана отмена кыла алат. Бизде ошол полномочиени, ойлоп көрсөңүз, азыр өкмөттө энергетика, телеком приватизация боюнча чечимдери чыкса, кыргыз алтын финансылык. Мына жазылып турат 47-статьяда, президент вправе приостановить нормативных правовых актов правительства и других органов исполнительной власти деп. Мына бул Аскар Акавдин учурда дагы мынчалык анын полномочиеси жок болчу. Ушунун негизинде кайсы гана кадырлык, финансылык, уюштуруучулук маселе болсун ушуну менен барын жокко чыгарып салышы мүмкүн.

- Сиздерге ырахмат.

9:20 “Кумтөргө” каршы арызды сот карай баштайт

Жакынкы күндөрү Биринчи май райондук соту “Кумтөр” ишканасына каршы Жети-өгүз районунун тургундарынын арызын кайрадан карай баштайт. Анда Барскоон трагедиясындагы уулануудан жапа чеккен төрт адамдын арызы каралат. “Карек” бейөкмөт уюмунун лидери Эркингүл Иманкожоеванын айтымында, андан сырткары кезекте 300 адамдын арызы жатат. Буга чейин Биринчи май райондук соту “Кумтөр” ишканасынын моралдык компенсация төлөп бүткөнбүз деп бул ишти жабуу тууралуу арызын канааттандырган эмес.

8:25 Конституциянын жаңы редакциясына кол койбошун өтүнүп Турсунбек Акун президентке кат жолдоду

Бул тууралуу “Азаттыкка” президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун өзү билдирди. Анын пикиринде, бул Конституциянын кабыл алынышы мыйзамсыз жана ага кол койсо президент оңдолгус ката кетирет. Президенттин маалымат катчысы Нурланбек Шакиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, учурда президенттик администрацияда Конституциянын жаңы редакциясы юридикалык жактан иликтенип жатат.

КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА: ПРЕЗИДЕНТ АЙРЫЛЫШ ЖОЛДОБУ?

30-декабрда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы ушул аптанын башкы көйгөйү болду. Майрам күндөргө тушуккан бул окуянын айланасында талкуу уланган жок, саясий чөйрө апта бою күтүү ыңгайында турду. Талдоочулар болсо саясий кырдаалдын курчуп кетүү ыктымалдыгын болжоп жатышат.

30-декабрда 50 депутаттын колдоосу менен Жогорку Кеңеште кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясын эртеси төрага Марат Султанов президенттин карамагына жөнөткөн. Президенттик администрациянын юридика бөлүмүнүн маалыматына караганда, президент Курманбек Бакиев баш мыйзамдын юридикалык оош-кыйыштарын карап жатат, бирок, качан кол коюлары тууралуу маалымат айтыла элек.

Президенттин таламын жактаган саясатчылар Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынбаса оппозиция убакытты созуп отуруп, жазында кайрадан бийликти тартып алуу аракетин жасамак дешет. Ошондуктан, алар колундагы баш мыйзамга президенттин кол коюушуна тилектеш. Алардын бири Топчубек Тургуналиев азыркы Конституцияны тараптардын макулдугу менен кабыл алынган төп мыйзам катары баалады.

Бирок, президенттин оппоненттери Конституциянын жаңы редакциясы зордукчулук, одоно мыйзам бузуу менен кабыл алынды дешет. 9-ноябрдагы саясий кырдаал менен азыркыны салыштырып, азыркы бийлик саясий чайкоочулукка барып жатат деген оппозиция саясий ырааттуулукка жол ачарына караманча ишенген жери жок. Баш мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынаары менен дароо маалымат жыйынын уюштурган «Реформа үчүн!» кыймылына мүчө депутаттар президентти кескин сынга алышып, мындай кадамдарга кыймыл чыдамсыздык менен мамиле кыларын, мыйзам чегинде күрөштү улантарын белгилешкен. Оппозициянын айрым мүчөлөрү президент Бакиев баштаган азыркы бийлик өз аракеттери менен мамлекетти опурталдуу жолго баштап баратат деген көз караштарын да билдиришти.

Ушундай жагдайды эске алган кээ бир талдоочулардын баамында бийлик саясий туңгуюкка кептелди. Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Баш мыйзамга Кыргызстандагыдай мамиле дүйнө тарыхында өтө сейрек учурайт, мындай жагдайда талдоо жүргүзүү да кыйын:

- Бул саясий кырдаалды турукташтырыш өтө кыйын болуп калды азыр. Саясий кырдалды мурунку Конституциянын негизинде стабилдештирип алып кетсе болот эле. Бул жерде парламент да эки-үчкө бөлүнүп кетти. Эми дагы канчага бөлүнөт. Өкмөт болсо отставкада турат. Стабилдүүлүк болуп кетет деп айтыш кыйын. Тескерисинче, дестабилдешүүгө көп мүмкүнчүлүктөр түзүлүп калды.

Саясий баш аламандыктын артынан кооптонуп турган саясатчылардын бири - «Элет» саясий партиясынын лидери Накен Касиев:

- Эми оюн эмес да. Өткөндө эле кабыл алынгандан кийин кээ бир саясатчы, депутаттарыбыз айтты эле бул алтымыш-жетимиш жылга чейин иштеп бере турган мыкты Конституция болду деп. Анан бир ай өтпөй Конституцияга жаңы редакция кабыл алып жатышат. Ошондуктан, биз дагы саясатчылар маң болуп, айлабызды таппай турган кез.

Анткен менен, 30-декабрда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясынын авторлору 9-ноябрда «Реформа үчүн!» кыймылынын демилгеси менен кабыл алынган Конституцияга түзөтүү киргизүү менен гана чектелгендигин байма-бай кайталашып, бул өлкөдөгү мыйзамдык тоскоолдуктарды жоюу максаты менен байланыштырып жатышат. Өз таасирин күчөтүү максатын көздөгөн оппоненттер атайылап көбүртүп-жабыртууда дешип, президент бийлигин күчөттү деген дооматты төгүнгө чыгарышууда. Алардын бири Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Искак Масалиев депутаттардын баары эле парламентти президент таратат экен деген коркунучтан улам добуш бергенине ишенбейт.

- Балким негизи бардыр. Кээ бир депутаттар коркунучтан карап туруп добуш бергендир. Жеке менин позициям 9-ноябрда кабыл алган баш мыйзамдагы катачылыкты мойнубузга алып, биз ошону оңдошубуз керек деген позицияда турам.

Тараптардын көз караштарындагы карама-каршылыкты күчөткөн азыркы кырдаалды жумшартуу үчүн эмне кылуу керек деген маселе ар кимдин көңүлүндө турат. Маселен, таасирдүү саясатчылардын бири саналган депутат Кубатбек Байболовдун көз карашында азыр президент Конституциянын жаңы редакциясына кол койсо деле койбосо деле мөрөй ала албай турган жагдайга тушукту. Накен Касиев да ушуга үндөш көз карашта турат. Анын оюнда президент парламентке чейин барып, депутаттардын кыйласынын колдоосуна ээ болуп туруп, кол койбой койсо, ошончо саясатчыдан ажырашы толук ыктымал:

- Президенттин кол коюшу ыктымал. Бирок, кол койсо да, койбосо да медалдын эки жагы сыяктуу маселе чыгат. Кол койсо бул бир кыйынчылык болуп атат Жогорку Кеңешке да, кол койгон адамга да. Кол койбой койсо дагы кыйын болуп атат. Ошондуктан, мындай бир «пат» ахыбалында туруп атат.

24-март окуясынан кийинки президенттик шайлоо алдында тандем түзүп, ошондон бери премьер министрлик орунда келаткан Феликс Кулов Конституциянын жаңы редакциясына карата өз оюн айта элек. Анткен менен ал уюштурган «Арнамыс» саясий партиясынын лидери Эмил Алиев Конституциянын жаңы редакциясына кол коюуга каршы экенин билдирди. Ал азыркы парламенттин таратмайынча саясий стабилдүүлүктү сактоого болбойт дейт. 30-декабрда ишин баштаган коопсуздук кеңешинин отурумунун экинчи баскычы ушул ай ичи өтөрү күтүлүүдө. Президент кеңеш отуруму башталаар алдында парламентте билдиргенине караганда, анда парламенттин тагдыры чечилиши керек эле:

- Мен жашырбай эле коеюн, Коопсуздук Кеңешинин бүгүнкү отурумунда парламенттин мындан аркы тагдырын кантип чечүү маселесин карашыбыз керек. Биз баарыбыз акыркы күндөрү жакшы иштээрибизден, майрамды таза жүзүбүз менен тосуп алаарыбыздан, милдеттерибизди аткарарыбыздан үмүтүм бар. Мындан башка тыянакты каалабас элем. Ошондуктан, мен бүгүн Конституциялык Соттун төрайымы, сизден бүгүн кимде кандай маселе бар, бардык жагдайларды караштыруу максатында парламентке келип катышууңузду, азыркы жагдайдан чыгууну каалайм.

Эксперттердин кээ бири Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу аркылуу парламент өзүн сактап калды дегени менен, президенттин маалымат кызматы бул маселе күн тартибинде турганын кыйытты. Айрылыш жолдо турган президент Конституцияга кол коюп, парламентти сактап калабы же экинчи жолду тандап алабы, бул коомдук-саясий кырдаалга кандай таасир этет? Бул өңдүү суроолор учурда саясатка кыйыр же тикелей тиешеси бар бардык жарандардын баш оорусуна айланууда.

Эгер президент азыркы Конституцияга кол койсо «Эмне үчүн 9-ноябрдагы Конституцияга кол койду?» деген суроо сөзсүз туулат дейт саясат таануучу Бакыт Бешимов. Анын баамында, чамасы чак саясий элитанын чабалдыгы бүгүнкү өлкөнү ушул абалга кирептер кылып койду. Аймактык жана саясий кызыкчылыктарга бириккен саясий топтордун Кыргызстандын мүлкүн өз кызыкчылыгына пайдалануу аракеттеринин арты ушуга келди деген саясат таануучунун оюнда «сен жеңдиң же мен жеңдим» деген принцип менен абалды оңдоо мүмкүн эмес:

- Менимче, азыркы учурда Конституцияга кол койбой эле тиешелүү саясат жүргүзүш керек. Ал кандай саясат? Мисалы, 9-ноябрда кабыл алынган Конституцияга карата тиешелүү топторду түзүп, парламент менен карама-каршылыктарды, жаңы Конституцияга карата кээ бир тирешүүлөрдү өз ордуна цивилизация жолу менен салса болот. Андай мүмкүнчүлүк турат. Ошону менен оптималдуу деп эсептейм. Эгер бир тарап утту, экинчи тарап утулду десек жазында кайрадан эле баягы тополоң, баягы массалык митингдер башталат. Эмне үчүн дегенде ошого жол ачылып кетпедиби.

Бакыт Бешимовдун айтымында, азыркы бийлик 2-ноябрдагы мөөнөтсүз митингдин алдында түзүлгөн мындай мүмкүнчүлүктү бийлик пайдалана албай калган. Экинчи ирет түзүлгөн азыркы жагдайда конфронтацияга баруудан саясий күчтөр эмес, ириде президент өзү утулат:

- Конфронтацияга барып, эки бийлик бутагынын ортосундагы тирешүүнү күчөткөндөн тигилер да булар да ута албайт. Жалпы элге кыйын болуп калат. Эмне үчүн? Кыргызстан жалпы митингдердин майданына айланып калат. Ошондо биздин экономикалык абалыбыз да, саясий стабилдүүлүгүбүз да караманча бузулат. Бизге керекпи ошол нерсе.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынаары менен майрымдарга байланыштуу бир апталык эс алууга кеткен парламент 8-январдагы алгачкы отурумун дал ушул Конституциянын жаңы редакциясына байланышкан талаштан баштаары күтүлүп жатат.

КОЧКОР: МАМЛЕКЕТТИК КОМИССИЯГА ЭЛ ИШЕНБЕЙ ЖАТАТ

Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек Кочкордо жер титирөөдөн жабыркагандар көз карандысыз комиссия түзгөнү жатат. Бул туурасында "Азаттыкка" адам укугун коргоо комитетинин аймактагы бөлүмүнүн координатору Чынара Тургуналиева билдирди. Укук коргоочунун айтымында жергиликтүү тургундар Кочкордун 11 айылында жер титирөөнүн зыяндарын иликтеп жаткан мамлекеттик комиссияга ишеним артпай турат. 5-декабрда Чукул кырдаалдар министрлиги баш болгон министрликтердин жетекчилери жабыр тарткан аймак менен жеринен таанышуу үчүн Кочкорго барды.

Кочкор районунун акими Кубанычбек Байтерековдун маалымдашынча зилзаланын зыяндарынан келип чыккан элдин кем-карчын аныктаган комиссия азыр өз ишин жыйынтыктай элек.

Ошондуктан жер титирөөдөн жапа чеккендерге жөнөтүлгөн материалдык колдоолор менен жардамдар элге таратылбай турат. Ушундан улам колунда барларга гана жардам берилип, калктын жакыр бөлүгү көңүл сыртында калды деген доомат чындыкка дал келбейт:

- Жардамдар таратыла элек. Курулуш материалдардын баарын жыйып атабыз. Счет болсо ачыла элек. Мына жумуш күну боло элек. Банк бек. Анан кайсыны айтып жатат, мен түшүнбөй турам. Президенттин берген гуманитардык жардамдары келип атат. Бирок ал таратыла элек. Өзүнүн айылынан чыккан кулундары, анан достору, куда-сөөктөрү келип жардам берип атат. Биз жардам берген жерибиз жок. Комиссия ишин бүтө элек. Мен бир сомго кол койгон жокмун.

5-январда Кочкор аймагына барган министрликтин жетекчилери аймактагы өздөрүнө караштуу жайларда болуп, абал менен таанышты. Ушул эле күнү мамлекеттик өкүлдөр менен пикир алышкысы келген эки жүздөн ашык адам Кочкордун акимиатынын алдына чогулуп, бирок жолуга албай кетишкенин адам укугу боюнча комитеттин Кочкордогу бөлүмүнүн координатору Чынара Тургуналиева билдирген эле. Укук коргоочунун айтымында ал жердеги элдер жардам алалбай жатканына нааразы болушкан жана көз карандысыз комиссия түзүү демилгеси чыккан:

- Элге тегиз жеткен жок. Колунда бар гана кишилер алышты. Жанагы бей-бечаралардын айтканын уксаң эми жүрөгүң ооруйт. Ошолорго жетпей калыптыр. Ошон үчүн эртең кайра жолугушмак болуп атышат. Себеп дегенде Феликс Кулов келет деп атканынан ошону күтүшөт окшойт.

Алдын ала алынынган маалымат боюнча Кочкордо 26-декабрдагы жер титирөөдөн жети миңге жакын үй зыянга учураган. Кочкор районундагы Оробашы айылынын тургуну Кошчиев Нурубай жабыр тарткан эл курулуш материалдарына муктаж дейт:

- Комиссия барып кимдин үйү жарайт, жарбайт бүт каттап кетти. Биздин айылда жарабагандар он-онбештей үй болсо керек.

- Мектептин абалы кандай?

- Бир класстын үстү түштү, калганы жакшы эле деп атышкан.

- Азыр эл кандай жардамга муктаж болуп турат?

- Азырынча материалдык жардам боло элек. Курулуш материалдары керек.

Ал арада зилзалага кабылган Кочкор аймагына жардам берүү демилгелери көтөрүлүүдө. “Эркиндик” саясий партиясы Бишкекте жана Жалалабатта каражат чогултуп жатат. Аталган партиянын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин билдиришинче 11-январда партия Нарынга материалдык жардам жөнөтөт.

- Кечеги күнү Жалалабаттын базарында биздин балдар суукта кечке туруп, он бир миң сом топтошуптур. Элибиз жарды да, бирок жарды болсо да бирөө он сом, бирөө жуз сом таштап кети атыптыр. Андан сырткары жок дегенде он кап ун бере турган же бир үй-бүлөөгө толугу менен кийим-кече бере турган демөөрчүлөрдү издеп атабыз.

Расмий маалыматтар боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов 6-январда Кочкорго барат.

5-декабрда аталган аймакта каржы, саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдар баштаган алты министрликтин жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өттү. Анда жер титирөөдөн жабыркаган имараттардын абалына баа берип жаткан комиссиялардын өкүлдөрү менен жолукту Учурда бул максатта Кочкордо он бир комиссия иштеп жатат. Алар жалпы тыянакты жакынкы үч-төрт күн аралыгында чыгарат.

КОНСТИТУЦИЯ БУЙЛАЛАГАН ТӨӨ БОЛУП КАЛДЫБЫ?

«Реформа үчүн» кыймылы 30-декабрда Конституциянын жаңы редакциясы бийликтин кысымы астында мыйзам бузуулар менен кабыл алынды деген билдирүүлөр менен чыгууда. Ал эми президенттин чөйрөсү өз кезегинде Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу парламенттин көпчүлүк депутаттарынын демилгеси менен ишке ашты деп деген позициядан кеп салууда.

"Реформа" кыймылынын мүчөлөрү 30-декабрда парламент жактырган Конституциянын жаңы редакциясын кабыл албай тургандыктарын, парламент бийликтин кысымы менен мыйзам бузууга барганын айтышууда.

"Конституцияны өзгөртүүгө мүмкүн. Бирок ошону мыйзамдар менен Конституцияда көрсөтүлгөн нормалар менен ишке ашырыш керек эле. А булар болсо 24-мартта бийликти кантип зордук-зомбулук менен тартып алса, азыр дагы ошондой зордук-зомбулукту көрсөтүп Конституцияны кабыл алып атышат. Бул деген Кыргызстанда мыйзамдын бийлиги орнобой, зордук-зомбулуктун бийлиги орноп калды деген кеп менен барабар,-«Реформа үчүн» кыймылдын штабынын жетекчиси Өмүрбек Абдырахманов.

Өмүрбек Абдырахманов белгилегендей келерки аптада «Реформа үчүн» кыймылдын штабында жыйын өткөрүлүп, анда Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алынышы эле эмес, ХИПИК программасы, коррупциянын гүлдөп өсүшү, бийликтин жүргүзгөн эки жүздүү саясаты, өлкөдөгү чечилбей жаткан проблемалардын бардыгы талкууланмакчы. Ал ошондой эле Конституциянын жаңы редакциясы боюнча мыйзамдын чегинде бардык иш аракеттерди көрүшөөрүн билдирди.

Аталган кыймылдын мүчөсү Асия Сасыкбаеванын пикиринде, убагында Акаевдин бийлигин жан дили менен колдоп кошомат кылып келген парламенттеги айрым депутаттар азыр Бакиевдин бийлигине кызмат кылышып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгынан, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын жогору коюшууда. Алардын мындай эки жүздүү саясаты, эл менен эсептешпей, Жогорку Кеңешти «чөнтөк парламент» кылуу аракети, мыйзамды көз көрүнөө бузууга барышы, барып-келип эл алдында бийликтин кадырын кетирип, карапайым калктын нааразылыгын эки эсе күчөтөт.

Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев болсо «Реформа үчүн» кыймылдын мүчөлөрүнүн президентке койгон дооматтары менен макул эмес. Анын айтымында, Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууда бийлик тарабынан эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок. Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алынышы, парламенттеги элүүдөн ашуун депутаттын демилгесинин жыйынтыгы.

“РЕФОРМА ҮЧҮН” КЫЙМЫЛЫ: КУУГУНТУКТООЛОР ТОКТОГОН ЖОК

“Реформа үчүн” кыймылына тиешеси бар адамдарды куугунтуктоо токтогон жок. Мындай билдирүүнү “Азаттык” үналгысына кыймылдын штаб жетекчиси Өмүрбек Абдрахманов билдирди. Ошол эле мезгилде Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун айрым бийлик бутактары тарабынан куугунтуктоо иштери болуп, адам укуктары тебеленип калып жатканын моюнга алууда.

“Реформа үчүн” кыймылы уюштурган былтыркы жылдын ноябрь айындагы жети күндүк митингдин соңу башмыйзамдын жаңы редакциясынын кабыл алынышы менен бүткөн эле. Андан көп өтпөй кыймылдын мүчөлөрү аларга карата бийлик тарабынан куугунтуктоо иштери башталды деген билдирүү менен чыгышкан. Учурда бул кыймылга тиешеси бар адамдарга карата куугунтуктоо иштери токтогон жок. Бул тууралуу “Реформа үчүн” кыймылынын штаб жетекчиси Өмүрбек Абдрахманов билдирди. Анын айтымында учурда бул кыймылга тиешеси бар адамдарды, алардын үйбүлөсүн, жакындарын куугунтуктоо уланууда:

- Куугунтуктоолор токтогон жок, анткени баягы “дискет гейт” деген ишти билесиңер. Ошол боюнча дагы деле болсо эки күндүн биринде УККга чакырып, сурак жүргүзүп атат. Экинчи маселе, билесиздер менин аялымдын колуна кишен салып алып кетебиз деген жеринен алып калышкан. Ошондон бери ал киши ооруканада. Ооруканада жаткан жеринен да жөн койбой дагы алып кетебиз дегендей аракет кылышып, бирок алып кете алышкан жок. Ушунун баары айтып атат, азыркы бийлик дагы эле коркутуп-үркүтүү жолу менен булардын оозун жабабыз деген аракеттерин токтото элек, - дейт Өмүрбек Абдрахманов.

Мындай пикирди «Реформа үчүн» кыймылынын тең төрагасы, «Атамекен» партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев да ырастады. Депутаттын айтуусу боюнча кыймылга тилектештигин билдирген региондордогу мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер, былтыркы митинг-акцияларга катышкан жарандар бүгүн да куугунтуктоолорго туш болушууда:

- «Реформа үчүн» кыймылынын штаб мүчөлөрүнө, катардагы мүчөлөрүнө, депутат, депутат эместерге да ар кандай кысымдар, моралдык, саясий, кээ бир убактарда физикалык кысымдар уланып атат. Региондордо биздин митингдерге катышкан адамдар, өздөрүнүн позициясын активдүү көрсөткөн мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер жасалган кысымдар жөнүндө көп эле айтып атышат. Биз эми мыйзам чегинде күрөшөбүз. Эң негизгиси биз тоготпошубуз керек буга окшогон кысымдарды.

Бирок, күч органдары «Реформа үчүн» кыймылына тиешеси бар адамдарга карата козголгон кылмыш иштери мыйзам чегинде аткарылып атканын айтып келишет.

Каржы полициясынын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Турарбек Масыбаев, Өмүрбек Абдрахмановдун жубайы Бейил Айдакееванын суракка алынышында эч кандай саясат жок экендигин билдирүүдө. Анын ырасташынча Айдакеева жетектеген «Азат» компаниясы салыктан 1 млн. 200 миң сом жашырган. Анткен менен Айдакееванын адвокаты Азат Базаркулов Каржы полициясынын аракеттерин мыйзамсыз деп баалоодо.

Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акундун пикиринде, айрым учурларда мамлекеттик укук коргоо органдары кызмат абалынан пайдаланып коюп жатышат. Укук коргоочу кайсы бир адамдын саясий көз караштары үчүн анын жакындары куугунтукталбашы керек деген ойдо:

- Биздин укук коргоо органдары кээ бир жерлерде ашып кетип атат. Өзүнүн укугун одоно колдонуп, кызмат абалынан пайдаланып коюп атат. Өмүрбек Абдрахмановдун саясий иши үчүн, жанагинтип оппозицияга өткөнү үчүн анын жубайы кыйынчылыктарга кабылбашы керек, куугунтукка учурабашы керек. Биз баягы мурдагы авторитардык режимде жашабай, демократиялык жолго өтөбүз деп аракеттерди кылып атабыз, - дейт Турсунбек Акун.

Президент Курманбек Бакиев былтыр декабрдын башында парламентке келип, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып эч кандай куугунтуктоолорго тиешеси жок экендигин айткан. Анда президент мыйзамсыз иш жүргүзгөн адамдар ким экендигине карабай жазаланышы керектигин баса белгилеген. Бирок, серепчилердин баамында иш жүзүндө дайыма эле мындай боло койгон жок.

15:29 Өмүрбек Текебаев Базаркоргондо шайлоочулары менен жолугушууларды баштады

Жолугушууга Кайырма айлынан 600 адам катышты. Анда депутат Ө.Текебаев өлкөдө түзүлгөн кырдаал, бийлик менен парламенттин ортосундагы мамиле жана 30-декабрда кабыл алынган Конституциянын долбоору жана өзүнүн депутаттык ишмердуулугу жөнүндө сөз сүйлөдү. Ал парламенттин сонку жыйынында баш мыйзам бийликти жактаган депутаттар тарабынан туура эмес кабыл алынганын белгиледи. «Реформа үчүн» кыймылынын лидеринин эл менен жолушуусуна сырт жактан бийликчил адамдар менен коомдук тартип жана улуттук коопсуздук кызматкерлери көз салышууда. «Ата мекен» партиясынын болжолу боюнча, депутаттын эл менен жолугшуусун үзгүлтүккө учуратуу үчүн жер-жерлерде ар түрдүү мыйзамсыз жорук-жосундар уюштурулушу ыктымал. «Жаңы Кыргызстан» партиясынын айрым мүчөлөрү болсо Ө.Текебаевди шайлоочулардын үмүтүн актабаган саясатчы деп билишет. (YA)

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР ПАРЛАМЕНТИ ИШТЕП БАШТАДЫ

Он үч саясий партия шайлоого карата даярдык көрүү, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү жөнүндө максат - тилектер менен «Саясий партиялардын парламенти» деп аталган долбоору боюнча иш жүргүзүп баштады. Бул саамалыктын демилгечиси болгон «Эл ынтымагы» партиясынын лидери Роза Акназарова «Азаттык» менен азыркы партиялардын ишмердиги жөнүндө ой-пикир бөлүштү.

- Болочок шайлоолор качан өтөөрү- өз мөөнөтүндөбү, же эртеби, азырынча белгисиз. Бирок, ага айрым бир даярдыктар башталды. Кечээ бир нече партиянын өкүлдөрү жаңы Конституцияга ылайык шайлоо кодекси менен саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамга киргизилүүчү болочок өзгөртүүлөрдү талкууладыңыздар окшойт. Алдыда ушул жата чечилүүчү, такталуучу маселелердин принципиалдуулары сиздин пикириңизде кайсылар?

- Бүгүнкү күндө саясий партиялар мыйзам чегинде мыйзамга өздөрүнүн салымын жумшай албай атат. Ошол себептен биздин саясий партия «Саясий партиялардын парламенти» деген инициатива көтөрүп, 12-13 партиялар бүгүнкү күндө «Саясий партиялардын парламенти» деген проекти менен иштеп жатышат. Бул саясий партиялар кечээ күнү убактылуу регламентин бекитти. Андан сырткары Жогорку Кеңешке Шайлоо Кодекси боюнча кайрылуу жасайлы дедик. Ал жерде саясий партиялардын өздөрүнүн сөздөрүн, көз карашын көрсөтүш үчүн Жогорку Кеңеште угуу болуш керек саясий партиялардын катышуусу менен. Ошондой бир кайрылуу жасайлы деп атабыз. Анткени, биз саясий партияларды жана шайлоо кодексин карап атабыз. Жакын арада ал жерде өзүбүздүн сунушубузду беребиз. Себеби бүгүнкү күндө иштеп жаткан шайлоо кодексинин көп жерлеринде туура эмес жазылган нерселер бар экен. Ошону биз карап туруп анан Жогорку Кеңешке, спикерге, комитетке берели деп атабыз.

- Азыр партиялардын саны токсонго жетиптир. Парламентте каралган орун болгону 45. Болочок мыйзамдарда алардын иргелешине жана биригүүсүнө алып келиши керек го?

- Жакындаганда шайлоо блоктору түзүлөт болуш керек. Шайлоо кодексине дагы тизмеден сырткары шайлоо блок берилип кетет. Анткени, жакындаганда биригип блок түзүшү мүмкүн. Шайлоо кодексине чек коюлат канча процент менен болгондо ошол партиянын добушу өтөт.

- Сиз болочокто аялзаттын өкүлдөрүнүн парламентке келүүсүнүн жолун эмнеден көрөсүз?

- Мен ойлойм, өнүккөн демократиялык мамлекеттерибизде эң негизинен аялдардын көбөйгөнүнө саясий эркин болгондугу, саясий партиялардын талапкерлерин көрсөтүүдө гендердик теңдиктин принциптерин сактоону талап кылган мыйзамдар кабыл алынган. Андан сырткары электораттын аң-сезимин өзгөртүү болгон. Мен ойлойм биздин мамлекетте дагы аялдардын саны көбөйүшү үчүн шайлоо жүргүзүүнүн механизмдерин туура болбой жаткандыгы болуп атат. Эми ошол жерди өзгөртсө жакшы болот. Шайлоочулардын да аң сезимин өзгөртүш керек, депутаттар мыйзам чыгарат, мыйзамды контролдойт деп. Болбосо көп шайлоочулар ойлойт, депутат болгон бүгүнкү күндө күнүмдүк жардам бериш керек. Мисалы компьютер, дары дармектен жардым бериш керек деп. Күнүмдүк ким көбүрөк жардам берсе, көбүрөк акча жумшагандарды депутаттыкка шайлап атышат.

Бизде дагы бир эң чоң кемчилик – бул тууганчылык, жердештик, досчулук, кудачылык, уруучулук болуп атат. Ошондой эле административдик командалык буйруктар да өзгөчө роль ойноп кетет. Ошолорду бүгүнкү күндө өзгөртүшүбүз керек болуп атат.

- Партиялык тизме менен өтүүчү парламенттин жарымына шайлоо тууганчылык, уруучулукка кандайдыр бир чек кое алабы?

- Бул единый избирательный система болот бүт Кыргызстан боюнча. Эми бүт Кыргызстандын шайлоочуларын сатып ала албайт го. Ошол жактан жакшыраак болот. Шайлоо кодексинде партиялардын тизмеси боюнча деген жерге дагы гендердик принцип сакталыш керек деген сөзсүз түрдө беренеге киргизсе, мен ойлом, аялдардын саны көбүрөк болот го деп. Көп эле мамлекеттерде, мисалы Данияда, Швецияда социал-демократиялык партиялдар квоталарды киргизишкен. Андан сырткары Францияда партияларда гендердик принцип сакталбаса штраф койгон мыйзамдар да болгон. Мүмкүн бүгүнкү күндө биздин мыйзамдарга дагы убактылуу чара катары ушул квоталарды киргизсе болот.

- Роза айым сизге чоң ырахмат.

Маектешкен Улан Эшматов, Прага

ОШ: “ХИЗБУТЧУЛАР” ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ МАЙРАМДООГО КАРШЫ ЧЫГЫШТЫ

Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош шаарында тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” диний уюмунун өкүлдөрү жаңы жылды белгилөө боюнча өкмөттүн токтомуна каршы мусулмандарга чакырык салган баракчаларды таркатууда. Бул боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги расмий комментарий берүүдөн баш тартты.

Жаңы жылдын алдында жана андан кийинки бир жумадан бери Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө “ата бабабыз майрамдабаган жаңы жылды биз майрамдашыбыз керекпи. Жаңы жалды белгилөө жана ага акча каражатты сарыптоо арам иш. Мусулмандар биримдиги үчүн” деген сыяктуу ураандар жазылган баракчалар таркатылып, көрүнүктүү жайларга илине баштады. Кыргыз бийлигинин саясатына каршы багытталган бул ураандардын көпчүлүгү негизинен кыргыз тилинде жазылган. Мындай кадамдарга барууга негиз болгон себептер тууралуу “Хизб-ут Тахрир” уюмунун жергиликтүү лидерлеринин бири Усман Ходжаев мына буларды билдирди:

- Жаңы жыл диний майрамды бузгандай көрсөтүп атат. Бир жумадан кийин Рождество башталганы турат. Муну Кыргызстан элинин бюджетинен каражатты сарыптап майрамдаш 80 пайыз мусулмандарды урматтабастан, укуктарын тебелегендик болот.

Анткен менен өзүн традициялуу ислам дининин жактоочусу катары эсептеген момун мусулмандардын өкүлү Шайлообек Атазов жыл саноо тарыхый жактан калыптанып калган мезгилди белгилөө коомчулуктун аң-сезимине кирип калгандан улам, аны исламга негизделбеген майрам катары зордук менен танууга мүмкүн эмес экендигин айтып өттү:

- Бир жыл аяктап экинчи жаңы жылга өтүп аткандан кийин бул жаңы эсеп. Биз буга традиция катары көнүп калганбыз. Ал эми мусулмандардын майрамы Курман айт болгондон кийин аны негизги майрам деп майрамдайбыз. Бирөөнү зордогон болсок, ал ыйманы быша элек, келме келтире элек, куран жаттай элек болгон болсо биз аны бүгүн тоспо деп айта албайбыз, - дейт “Намыскөй мусулман” жамаатынын өкүлү Шайлообек Атазов.

Жаңы жылды белгилөө жана ага карата майрамдык жумалык өргү берүү боюнча өкмөттүн токтомуна каршы багытталган баракчалардын таркатылышы боюнча жергиликтүү укук коргоо органдарынын жетекчилери расмий комментарий берүүдөн баш тартышты.

Анткен менен юрист-эксперт Руслан Ташанов Кыргызстан динге негизделбеген мамлекет болгондуктан бардык диний расмийлерге бирдей шарт түзүү зарылдыгын айтып өттү:

- Кыргыз Республикасы динге негизделбеген мамлекет деп жазылган. Кыргыз мамлекетинде жалаң гана мусулмандар эмес, андан тышкары христиан динине, буддизмге ишенгендер бар. Ошондуктан биз бардык жарандарга бирдей шарт түзүшүбүз керек. Эгерде биз жаңы жылды, же Христостун кайра туулган күнүн майрам катары белгилебей турган болсок, анда биз Конституциябызды өзгөртүшүбүз керек. Ислам мамлекети деп жазылгандан кийин гана ислам мамлекети катары жашашыбыз керек. Ал эми жаңы жылды майрамдоо туура деп эсептейм. Кыргызстанда бардык динге бирдей шарт түзүп атат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгындагы ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда, учурда “Хизб-ут Тахрир” уюмунун кыргыз бийлигинин саясатына каршы багытталган мазмундагы баракчаларын басып чыгаруучу жайлар жана аны таркатуучуларды кармоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG