Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 17:11

Кыргызстан

ФИФАнын ПРЕЗИДЕНТИ ЙОЗЕФ БЛАТТЕР “ДАНАКЕР” ОРДЕНИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

31-мартта Эл аралык футбол федерациясынын президенти Йозеф Блаттер Бишкекте курулуп жаткан футболдук стадион менен таанышып, коомчулук менен жолугушту. Ошондой эле ага өлкө жетекчиси «Данакер» орденин тапшырды.

Бишкекке ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер баштаган делегация келип, футбол коомчулугу менен жолугушту. Футбол күйөрмандарына маалым болгондой, былтыр декабрь айында Эл аралык футбол федерациясынын президенти Йозеф Блаттер өлкө жетекчисинин жарлыгы менен “Данакер” ордени менен сыйланган. Президент Курманбек Бакиев менен жолугушууда ага ушул сыйлык тапшырылды.

“Футбол эл достугуна данакер болуу менен дүйнөдө эң таасирдүү оюнга айланышына ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер мырзанын салымы зор,”- деди сыйлыкты ыйгарып жатып президент Курманбек Бакиев.

Эл аралык футбол федерациясынын жетекчиси Йозеф Блаттер Футболдун кеңири Кыргыз жергесине жайылышы үчүн “Гол” долбоорунун алкагында үч футбол аянтын курууга ФИФА жардам берээрин айтып, өкмөттүк деңгээлде колдоонун зарылдыгын билдирди.

Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиевдин айтымында, ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер баштаган делегация Борбор Азия жана Пакистан өлкөлөрүн кыдырып, жалпы футболдук абалы менен таанышып жүрөт.
Кыргызстанда болуу менен ФИФАнын футболду өнүктүрүү боюнча “Гол-2” долбоорунун негизинде Бишкектин Медеров атындагы көчөсүндөгү футболдук борбордо курулуп жаткан стадиондун курулушу менен таанышты. Жаш футболчуларга ийгилик каалап, топ тартуулады.

Ошондой эле “Гол-3” долбоору боюнча Ош шаарына жасалма кыртыштуу футбол стадионун курууга да каражат бөлүнүп жатканын ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер билдирди.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун айтымында ФИФАнын президенти Йозеф Блаттердин экинчи ирет келиши өлкөдө футболдун өнүгүшүнө таасирин тийгизет.

Эл аралык футбол федерациясынын президенти Йозеф Блаттер мырзаны Азия футбол конфедерациясынын президенти Мохамед Бин Хаммам коштоп жүрөт.

ӨКМӨТТҮН ЖАҢЫ КУРАМЫ АБАЛДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАБЫ?

Жаңы өкмөт четинен курала баштады. Кечээ кечинде президент Курманбек Бакиев бир катар министрликтердин жетекчилерин дайындаган жардыкка кол койду. Мындан мурда коалициялык өкмөт түзүү демилгеси көтөрүлүп, көп өтпөй өкмөт башчылыкка оппозицияда жүргөн Алмаз Атамбаев келген. Серепчилердин баамында кандай болгон күндө да азыркы куралып аткан өкмөттү “коалициялык” деп аташ кыйын. Анткени, “Реформа үчүн” кыймылы да, “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронту да бул демилгени колдошкон жок.

Президенттин кечээки жардыгына ылайык министрдин деңгээлиндеги төрт жетекчи өз орундарында калып, үч жогорку жетекчи алмашты. Ал эми президенттин жардыгы менен кызматынан бошотулган биринчи-премьер-министр Данияр Үсөновдун оруна азырынча эч ким дайындала элек. 30-март күнү да айрым министрлер дайындалган болчу. Премьер-министр Алмаз Атамбаев, өкмөттүн курамы дүйшөмбү күнү толук такталып, өкмөткө кимдер келери айкын болорун билдирген. Мындан мурда абалды турукташтыруу үчүн ар кыл күчтөр менен макулдашылган коалициялык өкмөт түзүлүшү керектиги айтылса да, “Реформа үчүн” кыймылы менен “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронту мындай демилгени колдогон жок. Саясат талдоочулардын баамында жаңы өкмөттүн курамы деле саясий абалга таасирин тийгизе албайт. Коомдук саясат институтунун адиси Шайыр Жураевдин пикири буга үндөш:

- Биринчиден бул өкмөттү коалициялык деп аташка болбойт. Себеби, коалициялык деген бир канча саясий күчтөрдөн куралган өкмөт болушу керек эле. Бизде болсо оппозициянын радикалдуу бөлүгү, “Реформа үчүн” кыймылы менен “Бириккен фронт” кошулбайбыз деди. Ошондукнтан өкмөт, кайра эле баягы эле өкмөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Айдарбек Керимкулов, азырынча өкмөттү түзүү саясатында жаңыланууну байкабай жатканын билдирди:

- Өкмөт башычы бекип атканда бир ой айтылды эле. Кадрларды дайындап атканда фракциялар, партиялар менен кеңешүү болот деген. Анан ошондой кеңешүү болдубу же жокпу мен уккан жокмун. Анан жаңылануу жөнүндө сөз болду эле, мен жаштарды тартуу тууралуу ойлорду айттым эле.

Ал эми “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун лидерлеринин бири Эмил Алиев болсо, коалициялык өкмөт көз боёмочулук экендигин, фронттун талаптары күчүнтө турганын баса белгиледи:

- Бириккен фронт мындай сүйлөшүүлөргө эч убакта барбайт. Конституциялык өкмөт деген көз боёмочулук. Биз айтканбыз, ошол сөзүбүздө турабыз. Президенттик шайлоону жарыялаш керек, андан кийин коалициялык түзүүгө барыш керек.

Реформа үчүн кыймылынын лидерлеринин бири Темир Сариев да коалициялык өкмөттү колдобой турганын, ага кыймылдын мүчөлөрү кошулбасын билдирди. Ошондой эле ал 5-апрелге чейин оппозициялык күчтөр президент менен сүйлөшүүгө отурушу керектигин да баса белгиледи:

- Бүгүнкү реалдуу күч бул «Реформа үчүн» кыймылы, фронт жана бийлик. Ушул үчөө отуруп, 5-апрелге чейин маселелердин бардыгын карап, президент биз берген сунуштарга макул болуп чечилсе бир нук менен кетет. Эгер чечилбесе анда «Реформа үчүн» кыймылы көтөрүп чыккан ураан фронттукуна шайкеш келип калат деп ойлоп атабыз.

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ

Бишкекте бул жумада Орус театрынын 250 жылдык мааракесине жана орус тилинин жылына арналган мектеп театрларынын алтынчы республикалык фестивалы өттү. Ага жалпысынан жыйырмага жакын театр студиялары катышты. Иш-чаранын программасында Пушкин, Крылов, Чехов, Гоголь жана башка орус классиктеринин чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди көрсөтүштү.


Фестивалдын калыстар тобунун курамын Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисткасы Лариса Любамудрова баштаган театр ишмерлери түздү. Бул иш-чарага Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана мектеп окуучулары катышты. Фестиваль 30-мартта жеңүүчүлөрдүн галла концерти жана сыйлыктарды тапшыруу аземи менен жыйынтыкталды. Ал эми 27-мартта Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында эл аралык театр күнү белгиленип, ага борбордогу театр ишмерлери катышып, концерттик номерлерин тартуулашты. Салтанаттын алкагында ошондой эле айрым театр ишмерлерине сыйлыктар тапшырылды. Атай кетсек Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыкка “Тунгуч” театрынын актеру Болот Тентимишов жана театр сынчысы Авазбек Сырымбетов татыктуу болду. Ал эми орум драма театрынын артисткасы Вера Бурдина Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреаты болуп калды. Ошондой эле бир катар театр ишмерлерине Абдылас Малдыбаев атындагы сыйлыктар тапшырылды.

27-мартта Бишкекте комузчулардын республикалык кароо-сынагы башталды. Ага райондук жана облустук турлардан өткөн улан-кыздар келишти. Баардыгы болуп кырктан ашуун комузчу ат салышты. Кароонун талабына ылайык классикалык, кол ойнотмо жана кара күүлөрдөн фортопиянанын коштоосунда аткарышты.
Кароо-сынактын алкагында мугалимдер үчүн семинар өткөрүлүп, комуз адистиги боюнча көйгөйлүү маселелер талкууланды. Бул иш-чараны Маданият министрлигинин алдында түзүлгөн улуттук маданият борбору уюштурду. Уюштуруучулар эми бул фестивалды келечекте жылына өткөрүүнү ниет кылууда.

Шейшемби күнү Кыргыз-Орус Славян университетинде Кыргызстан менен Оруссиянын дипломатиялык алакаларынын он беш жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Анда эки өлкөнүн илим, билим, маданият жана экономика тармагында болгон байланыштарын чагылдырган фотосүрөттөр көрсөтүлдү.

Аптанын шаршембисинде Бишкекте Иран кинолорунун жумалыгы башталды. Жумалыктын алкагында кинокүйөрмандарына белгилүү иран кинорежиссерлору жараткан Нооруз майрамын, Иран өлкөсүн, маданиятын чагылдырган кыска метраждуу көркөм тасмалар көрсөтүлдү. Бул жумалыкка карата Ирандан жаш кинорежиссерлор ассоциациясынын башчысы Насер Бакиде башында турган киноишмерлер келишти. Алар “Кыргызфильм” киностудиясында болушуп, бир катар кыргыз кинолоруна күбө болушту. Анын ичинен “Айтыш” фильм студиясы тарткан “Парз” аттуу кинотасмасы иран киноишмерлеринин сынына толуп, жакшы баасына татыды. Ирандан келген киноишмерлер өлкөнүн аймактарында да иш сапары менен болушуп, жолгушууларды өткөрүштү. “Кыргыз кино концерндин” жетекчиси Замир Эралиевдин билдиргенине караганда кинотармагында кызматташуу боюнча Иран Ислам Республикасынын маданият институту менен келишим түзүлүүдө. Келишимдин алкагында кыргыз киноишмерлерин Иранда окутуу маселеси каралган.
Ошондой биргелешип кино тартуу жана Иранда кыргыз кинолорунун жумалыгын өткөрүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

ЖАЛАЛАБАТТА ОППОЗИЦИЯГА КАРШЫ МИТИНГ БОЛУП ӨТТҮ

31-мартта “Тынчтык жана биримдик үчүн” аттуу митинг болуп өттү. Бириккен фронттун талаптарына нааразылык билдирген митингди облустагы саясий партиялар менен коомдук уюмдар жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын бөлүмү уюштурган. Ал эми митинг бүткөндөн кийин “Ата мекен” жана “Ар намыс” партияларынын шаардагы өкүлдөрү бийликти жактаган адамдар тарабынан кол салууга дуушар болушту. Жаңжалды “Эркиндик” партиясынын облустагы өкүлдөрү менен Жалалабат шаардык милиция кызматкерлери токтотуп калышты.

Облустук Барпы театрынын алдында өткөн митингге 3 миңден ашык адам катышып, сөз алгандар өлкөгө тынчтык менен биримдик зарыл керек экенин айтып чыгышты. “Эмгек жана биримдик” партиясынын облустагы төрагасы Абдымалик Бектемиров үчүн бириккен фронт өкүлдөрүнүн бийлик менен сүйлөшүүгө көнбөй атканы таңкалычтуу:

- Cаясатчылардын, депутаттардын туруштарына алар каршы пикирлерин айтты, президент өзүнүн мөөнөтүнөн мурда бийлигин тапшырып кетмейинче биз сүйлөшүүлөргө барбайбыз деген пикирлерин айтып атышат.

Митингден таркап бараткан аялдардын бир тобу “Ата мекен” партиясынын Жалалабат шаарындагы координатору Илич Нарматовдун жакаларына асылышты.

“Сентябрь” телеканалынын оператору митингди тартып жаткан учурунда көрмө камерасынын кассетасы менен бут койгучунан айрылган. Белгисиз жигиттер аны кайдадыр алып кетүүгө аракет кылышып, колдорун кайрып, зомбулук көрөсөтүшкөн:

- Аялдар жана 5-6 жигиттер келип колумду кайрып, арт жагыма катураак уруп коюшту. Алар Бакиевдин адамдары да, алар антимитинг кылып атышкан.

Окуя болуп жаткан “Ата мекен” партиясынын шаардык кеңсесинин алдында турушкан бей тааныш жигиттер Талант Сопиевдин мындай айткандарын жокко чыгарышты:

- Колун кайрыган жок.

Улам чогулуп бараткан адамдарды “Эркиндик” партиясынын облустагы өкүлү Гамал Сооронкулов менен ал жерге жетип келишкен Жалалабат шаардык милициясынын кызматкерлери таратышты.

“Ата мекенчилерден” кабар алганы келаткан “Ар намыс” партиясынын облустагы өкүлү Зулпукар Кадыркулов да белгисиз аялдардын кол салуусуна дуушар болгон:

- Менин көйнөгүмдү жыртып, мага асылышты. Эки алкаш баласы бар экен алар мени урушту. Кыргызстанда тынчтык болбойт ушундай боло берсе.

Бийликти жактаган аялдар “Ата мекен” партиясынын өкүлү Илич Нарматовду эл алдына чыгып сүйлөөсүн талап кылышкан:

- Ушул жерде төрагасы экенсиң деп көйнөк-башымдан тарткылашып тытып кетишти. Мен айттым фамилияңарды айткыла, эгер мага кепилдик берсеңер эч ким тийбейт, провокация болбойт десеңер мен чыгат элем, мен андан качпайм.

МУРАТ СУТАЛИНОВ: ФЕЛИКС КУЛОВ КЫРГЫЗ ТИЛИН БИЛБЕГЕН ҮЧҮН ДА ПРЕЗИДЕНТТИККЕ БАРА АЛБАЙТ

Кыргызстандагы улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет төрагасы Мурат Суталинов өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу суроолорго жооп берди.

- Мурат мырза, Кыргызстанда коалициялык өкмөт түзүлөрүнө ишенесизби?

- Мен коалициялык өкмөт түзүлүп, президент айткан конституциялык реформа да конкреттешип, бардыгы жайында болот деп ойлойм.

- Тараптар кепке келе алышабы?

- Сүйлөшүүлөр башталды го. Болгону аягына чыгарына ишенбегендер болуп атат. Ошон үчүн көз караштар анык эмес болууда.

- Алмаз Атамбаевдин премьерликке көрсөтүлүшү сизди канааттандырдыбы?

- Көптөн бери оппозицияда келаткан саясатчы катары ал чын эле реформа болоруна элдин үмүтүн жандырат деп ойлойм. Менимче Атамбаев бул кызматка өзгөчө умтулган жери жок. Ал реалдуу бир салым кошуу, бир нерсени өзгөртүү үчүн эле макулдук берип жатат. Чынында ал Кыргызстандагы бай адамдардын бири.

- Маселе ошондо болуп жүрбөсүн, Атамбаевде бийликтен башканын бардыгы жетиштүү?

- Мен Атамбаевди мансапкор деп ойлобойм, аны байкай элекмин.

- Феликс Куловчу? Ал мансапкорбу?

- Мен андай катаал көз караш айтпас элем. Билесизби, маалымат каражаттарында Феликс Шаршенбаевич президенттик орун үчүн күрөшүп атат деп туура эмес айтылып жатат. Ал бул кызматка бара албайт, эң жөнөкөй эле себеп: ал кыргыз тилин билбейт. Анан дагы Курманбек Салиевич президенттикке жабышып, 2010-жылдан кийин да калууга аракет кылып жатат деген сөз деле туура эмес. Себеби, ал жана анын айланасындагылар Кыргызстандын тарыхында кантип калыш керектигин түшүнүп турушат. Ошондуктан, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Феликс Шаршенбаевич деле ушундай ойдо деп эсептейм. Негизи 11-апрелге чейин мобул ыркы кеткен көрүнүштөрдүн баары жай-жайына келет.

- Анткен менен, Кулов 11-апрелде бийлик тынчтык жол менен өткөрүлүп берилет деп жатпайбы?

- Феликс Шаршенбаевичтин тегерегендегилерге да белгисиз кандайдыр бир ою болушу мүмкүн. Менимче, парламенттик шайлоо алдындагы эле өз партиясынын көпчүлүк добушун алууга жасаган кадырэсе аракет го Феликс Шаршенбаевич мага таарынбасын, бирок, ага колдоо көрсөтө тургандар бишкектиктер, анын ичинде мага окшогон орус тилдүүлөр. Бизди, бишкектиктерди «фронт», «канжар», «басып салабыз» деген өңдүүлөр чочутат. Ошондуктан, кырдаалды канчалык курчуткан сайын аны колдоочулардын саны азаят.

- Бирок, 11-апрелде кандайдыр бир чагымчыл аракеттер болуп кетпейт деген кепилдик жок да?

- Андайга Бакиев да, Кулов да барбайт, кудай сактасын. Кыргыздар – патриоттор. Жөн эле идеологиляык таасир көрсөтүү үчүн жасалып жатат.

- Баса, мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров фронтчулар тарабынан маалымат террору жүрүүдө деди, буга кандай дейсиз?

- Мен антип айтпас элем, адамдардын аң-сезимине таасир этүү аракеттери жүрүп жатат.

- Мамлекеттик катчы мамлекеттин өнүгүшү үчүн катаал дисциплина керек деп атат, сиз кошуласызбы ушуга?

- Бул мени кооптондурат. Мамлекеттин биринчи адамдары гуманист болушу керек. Жөнөкөй жаранга урмат болушу керек. Ошондо өлкө өнүгөт. «Катаал кол» сырттан жакшы көрүнгөнү менен, жөнөкөй адамды эч ким ойлобой калат.

- Кыргызстандагы туруксуз кырдаалды террорчул уюмдар өз кызыкчылыгына пайдаланышы мүмкүнбү, кандай дейсиз?

- Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул багытта өз өнөктөштөрү менен иштеп жатат. Азырынча бир нерсе болуп кетет деген кооптонуу жок. Бирок, биз көнгүдөй деле болдук. Ооганстан жаныбызда турат. Май айынан сентябрга чейин аскерий тирешүүлөр болуп кетиши толук ыктымал. Биз буга көнүшүбүз керек. Бирок, баары бир биз кандайдыр бир терракты алдын алуу аракетин көрөбүз. Биз казактар, өзбектер, америкалыктар, француздар жана россиялыктар менен бирге иштеп жатабыз. Кытай бул маселеде жардам берип атат, Пакистан, керек болсо Индия да кызыкдар болууда. Бирок, муну менен оппозицияны коркутабыз дештин өзү күлкү келерлик нерсе. Террордук уюмдар жашап, аскерий аракеттер болгон аймактар менен кошуна жашап жатканыбызга көнгүдөй эле болдук.

ЖАҢЫ ӨКМӨТ ДҮЙШӨМБҮ КҮНГӨ ТҮПТӨЛӨБҮ?

Жогорку Кеңеш Алмаз Атамбаевди премьер-министрликке дайындоого 30-мартта макулдук берди. Ушул эле күнү президенттин жардыгы менен Атамбаев өкмөт башчысы болуп дайындалды. Жаңы премьер-министр дүйшөмбү күнгө карай өкмөт мүчөлөрү дайын болуп калат деген пикирин билдирди. Бул багытта кандай иштер жүрүп жатат?

30-мартта Алмаз Атамбаевден сырткары коргоо министри Исмаил Исаков, ички иштер министри Болотбек Ногойбаев, тышкы иштер министри Эднан Карабаев жана улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Мурат Суталинов өз кызматтарында калгандыгы боюнча жардык чыкты. Ошондой эле Медет Садыркулов өкмөттүн аппарат башчысы болуп дайындалды. Өкмөттөгү калган министрлерди саясий күчтөр, партиялар жана парламент менен кеңешүү аркылуу
премьер-министр дайындаарын президент билдирген. Ал эми Алмаз Атамбаев дүйшөмбү күнгө карай өкмөт куралаарын билдирген:

- Кудай буйруса дүйшөмбү күнгө карай курап бүтсөк деп ойлоп атам. Анткени убакыт жок.

Ишемби күнү Атамбаев саясий күчтөр менен кеңешүүлөр өткөргөнү кабарланган жок. Саясий күчтөрдүн өкүлдөрү да андай маалыматты тастыктаган жок. Бул күнү премьер-министр каржы министри Акылбек Жапаров менен бюджет маселесин талкуулады. Анткени дүйшөмбү күнү парламент бюджетти экинчи окууда кароого киришет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
«Реформа үчүн» кыймылдын мүчөсү депутат Иса Өмүркулов сүйлөшүү тууралуу кабары жоктугун ишемби күнү маалымдап, коалициялык өкмөткө кирүү-кирбөө тууралуу кыймылдын мүчөлөрүнүн мурдараак кабыл алынган чечимин кайталады:

- Бул маселе боюнча алдын ала сүйлөшкөндө эч кимдин бара турган ою жок болчу. Анан эми өзгөрүүлөр болуп кетсе, аны көрө жатаарбыз.

Бириккен фронттун өкүлү Азамат Калман фронт сүйлөшүүгө барбай турган позициясын дагы бир ирет тастыктады:

- Биз бир гана темада сүйлөшүү болот деп айтып келатабыз. Ошол позицияда турабыз. Биздин максатыбыз, принцибибиз бир - ал мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо.

Президентти колдоп келген Жогорку Кеңештеги «Мекен» фракциясынын лидери Искендер Гаипкулов өкмөт курамы боюнча Атамбаев менен ал бекитилүү алдында сүйлөшүү болгонун билдирди. Андагы фракциянын пикири тууралуу Гаипкулов буларды айтты:

- Өкмөткө ушундай учурда келгенден кийин ал кишинин өзүнө мүмкүнчүлүк бериш керек. Фракциялар өздөрүнүн сунуштарын бере баштаса туура болбой калат. Азыр парламент да, президент да жаңы өкмөттүн өзүнө мүмкүнчүлүк берип, жаңы өкмөт иштеш керек.

КӨҢҮЛ ОТУН ЖАНДЫРГАН ЫРЧЫ ЭЛЕ

“Жакшы ырчы элдин жарчысы, жазылып калат тарыхы” дегендей обончулардын элдик секетбайлардын, күйгөндөрдүн үлгүлөрүндө чыгарышкан мукамдуу ырларынын залкар аткаруучусу – ырчы Жапар Чабалдаевдин арабыздан келбес түбөлүктүү жайга кеткенине 20 жылдын жүзү болсо да, тартылып калган ар кандай маңыздагы, түркүн обондордогу ырлары жаңырып, Жапардын үнү, аткаруучулук чеберчилиги, адамдык сапаты жөнүндө кесиптештеринин арасында жазылып бүтпөгөн уламалуу тарых шекилдүү кеп-келечтер айтылып келет.

Туубаса шаңкылдаган тунук үндүү Жапардын ырчылык-аткаруучулук күчү, чыгармачылык жүзү 1957-жылы Москвада өткөн Бүткүл Дүйнөлүк жаштар менен студенттердин VI фестивалында көрүнөт. Жүздөгөн улан-кыздардын өнөр жарышында 25 жаштагы ырчынын аткаруучулук шыгы айрыкча бааланып, төшүнө алтын медаль тагылып, лауреаттыкты жеңип алат. Бул кыргыздын элдик музыкасынын тарыхында дүйнөлүк өнөр сынагындагы эл артисти Асек Жумабаевден кийинки экинчи калк ырчысынын чоң жеңиши эле.

Жапардын 114 өлкөнүн өнөрпоздору атсалышкан Бүткүл Дүйнөлүк жаштар менен студенттеринин VI фестивалынан алтын медаль тагынып, лауреат болуп келиши маданий коомчулукта, айрыкча өсүп өнгөн айылында өзүнчө майрамга айланат. Бул тууралу Жапар менен жашташ, кесиптеши маркум эл артисти Орозбек Кутманалиев бир жолку жолугушууда:

- Мен Жапар менен биринчи жолу 1957-жылы Бүткүл Дүйнөлүк жаштар менен студенттердин фестивалына кетип баратканда тааныштым. Ошондо “саламат барып, жеңиш менен аман кел” деп коштошуп жөнөттүм. Анан Жапар жеңиши менен келгенде бригадама кошуп алып өсүп өнгөн айылы Сарууга алып бардым. Саруу айылына жеткенче оюн коюп бардык. Алгач концертибизди Көкмойноктон баштадык. Эми Жапардын жүргөн-турганы, келбети ушунчалык келишимдүү сонун жигит эле. Жапар экөөбүздүн жашыбыз да тең эле. Анча-мынча айыбыздан гана айырмабыз бар эле. Жапардын айылына бардык. Ар жактан – Караколдон музыкалык драма театрдын артисттери келишти. Ал кезде Гүлжан Сейиткулова областтык драма театрында иштөөчү. Ошентип, караколдук шайырлар менен Жапардын атасы Чабалдайдын үйүнөн жолугушуп калдык. Ак дасторкон жайылып, чай ичилип, Жапарды, атасын куттуктап ырдап, күүлдөп отурабыз. Бир убакта Гүлжан Сейиткулова Чабалдай аксакалды карап:

Эки тал көрсөң ээ кыйбай жүр,
Ата элиңе келдим сыйлай жүр,
Элиңден алыс кеткенде
Эрмегим деп ырдай жүр, - деп тийишип ырдап атса, Жапар: “Ай Гүлжан, атамдын эки катыны бар. Сен ырыңды мага арнап ырдагың”, - деп атасы менен теңтуштай тамашалашып сүйлөшөт экен. Жапардын алтын медаль алышына карата атасы тай союп тосуп алды. Ошол кезде Бүткүл Дүйнөлүк фестивалдын алтын медалын жеңип алышы Кыргыз Республикасынын эл артистинен да жогорку баа эле. Чабалдайдын үйүндө таңаткыча отурдук. Жапар экөөбүз эшикке чыгып, күрөшө кеттик. Экөөбүз бири-бирибизди жыгыша албай күрөшүп атсак, бир убакта Чабалдай аксакал келип: “Эй, жиндилер жазында келсеңер огородумду айдатып алмак экемин”, - деп бизди карап турду. Жапар менин бутумду оң жагынан чалып алды. Мен Жапардын сол бутун чалып алсам Чабалдай абам: “Эй келесоолор, силер эмес, кытайдын 20 жигитине алдырган эмесмин. Билбесеңер мен Чабалдай деген болом”, - деп экөөбүздү сүзүштүрүп коюп басып кетти. Таң атты. Эртеси мурда министр болуп иштеген колхоздун башкармасы Токсобаев Жапардын чоң өнөр жарышынан жеңиш менен келгенине арнап бир жылкы сойду. Чоң той болду. Маркум Жапар менен бир бригадада бирге иштеп жүрдүм. Жапардын үнү өзүнчө бир шумдук үн болчу. Мына, Мусанын үнү, Жапардын үнү. Азыр Жапарга окшоп ырдагандар көп. Бирок, аларда Жапардай ырдоо жетпейт. Мына, Асек Мусанын ырларын ырдап жүрөт. Бирок, ал Мусага анча-мынча окшошот. Тилекке каршы дал Мусанын үнүндөй мукамдуу үн жок. Ошол сыяктуу Жапардын үнүндөй үн жок. Арчалар деле жаш бойдон. Жапардын жигитчилиги, Жапардын адамкерчилиги, сөздүн ток этер жерин айтканда Жапар дегендей эле бар болчу. Өлөрдүн алдында бирге болуп калдык. Катуу ооруп жүргөн. Ошондо үнү корулдап калган эле. Мен айттым тамекиңди ташта десем, тамекисин да таштап койду. Жапар экөөбүз ушунчалык өтө ынак элек. Мен Кыргыз мамлекеттик университетинде сыртан окуучумун. Бир жылы Таласка командировкага бардык. Мен концерттик топтун жетекчиси элем. Жапарга угуучуларга сатыла турган белеттеримди, бүтүндөй ишимди таштап кеттим. Он күндө кайра бригадама бардым. Ошондо Жапар: - “Ой, айнайын Окен бул ишиң такыр азаптуу иш экен” деп, көрүүчүлөргө, угуучуларга сатыла турган билеттеримди кайра берди. Таластыктар Жапардын уруусу саруу экен, өзүбүздүн балабыз дешип өтө жакшы көрүшчү, өзгөчө сыйлашчу. Жапар кишилерге алымдуу, кишиликтүү, сүйлөсө сөзү, ырдаса ыры, баскан турганы, күлкүсү өзгөчө эле. Мен Жапардын бүтүндөй кыялын сагынам, көрсөм деп эңсейм. Жапардын ырдаган ырлары, жанда жок жаадырган жайнаган келбети ар дайым көз алдымда элестейт.
- деген эле эл артисти Орозбек Кутманалиев.

- Жапар эмне үчүн өз учурунда бааланбай кетти?

- Эми Жапардын бааланбай кеткени өтө армандуу. Кыргыз баалабаса баалабай эле койсун. Менин оюмча Бүткүл Дйнөлүк жаштардын VI фестивалынын лауреаты деген наам кыргыздын Токтогул атындагы сыйлыгынан, эл артисти деген наамдардан да жогору турат деп эсептейм. Кийин Жапардын туулган күнүнүн 60 жылдыгында Саруудагы мектепке атын коёбуз дегенде айрым билермандар сыйлыгы, наамы жок деп гезитке жазыптыр. Ошондо мен: - Ой, айланайындар кыргыздын тиги-бу деген сыйлыктарынан Бүткүл Дйнөлүк жаштардын фестивалынын лауреаты деген наам жогору турат. Каяктагы наамы жок, - деп гезитке жаздым эле. Кийин Жапардын ысымы өзү окуп бүткөн мектебине коюлду. Жапакемди сыйлаган элине ырахмат. Арбагы ыраазы болсун! - деген эле Орозбек Кутманалиев.

- Дүйшөнбек мырза бала чагыңдан “көрсөм, таалим алсам” – деп көксөп жүргөн маркум агайың менен 1967-жылдан Кыргыз Улуттук филармониясында көзү өткөнгө чейин бирге иштешипсиң. Сенин ырчылыгыңа, аткаруучулугуңа кандай баа берер эле?

- Агайым мени өз баласындай көрчү. Мени Дүйшөнбек, Дүйшөке деп айтпастан, балам деп, өзүнүн карачечекей баласындай урматтоо мамиле кылуучу. Анан сен турганда мен ырдабай эле коёюн – деп, экөөбүздүн үнүбүздүн, аткаруучулук ырдоо манерабыздын окшоштугуна аябай таң да калуучу жана сыймыктанчу. Радиодон менин, же Жапар агайдын аткаруусунда ыр бериплип калса: - Ой, сен ырдап атасыңбы, же мен ырдап атамбы” – деп аябай таң калуучу.

- Дүйшөнбек мырза, өзүн айткандай Жапар менен үнүңөр, ырдоо, аткаруучулук манераңар кандай окшош болсо да, деги бир жериңерде, маселен комузду чертүүдө, ырларды созуп ырдаганда айырмачылыгыңар барбы?

- Үнүбүз, ырдоо, аткаруучулук жагынан опокшош болсо да, комузду черткенден айырмалануучубуз. Мен ырдаганда Жапар абам сүйүнгөнүнөн отуруп алып ыйлай берүүчү. Балким маркум устатым өлөөрүн билип жүргөнбү, “мен ырдабай кеткен ырды, сен улап элге жеткиришиң керек” деп, такай айтар эле. Менин оюмча, бүгүнкү күндө элдик ырларды аткаруу жагынан Жапар абамдай ырчы жок деп ойлойм.

- Эми, Дүйшөнбек мырза устатыңдын аткаруусундагы кайсыл ырды эң биринчи жолу эл алдына ырдап чыктың эле. Эсиңде болсо ошону аткарып берсең?

- Жакшы болот. Устатым Жапар агайымдын ошол кездеги ар дайым кумарлана ырдап жүргөн популярдуу “Сага” аттуу ырын биринчи жолу мектепте окуп жүргөндө эл алдына ырдап чыккан элем. Азыр ошону аткарып берейин. Обону элдики. Сөзү акын Мидин Алыбаевдики. Ал ырды:

Кыйнабачы жүрөктөгү жарадай,
Кылгырбачы, койчу мени карабай,
Үн сөз жок томсоросуң, турасың,
Ыйлап, ыйлап улутунган баладай.

Лирикадан килем согуп талганча,
Суусандырба, суктандырба карганча ээ, эй,
Өкүнтөрмүн эрдин кесе тиштендирип,
Жүрөк токтоп, жүрөк сокпой калбаса.

Жаш кылгырат кирпигимди ирмесем,
Аза күтөм эгер түшкө кирбесең,
Мен шаар суусун кулагымды тундурган
Кантмек элем какшаганды билбесең.

Саламат жүр табыйгаттан суранам,
Жетпесе да кол берүүдөн эринбей,
Какшык кошуп күлгөнүңө кубанам.

Жүрөт элем караныңа жалынып,
Менде болсо жүрөктөгү бурамаң,
Сүйбөсөң да кол берүүдөн эринбей,
Какшык кошуп күлгөнүңө кубанам, - деп ырдап, угуучулардын алкоосуна татыган элем.


- Ашыке азыр кезинде Жапардын аткаруусунда элге кеңири тараган “Сага” аттуу ырдан үзүндү шакирти Д.Үкүевдин аткаруусунда укуктук. Жашыңыз улуу болсо да Жапар менен жан курбу элеңиз. Маркум кандай инсан, кандай ырчы эле?

- Жапар менен бирге иштештик, бирге жүрдүк, бирге ырдап, бирге ойноп-күлүп жүрдүк. Жапар Муса, Калмурат, Сыртбай, Атайдай чанда чыга турган шайырдын шайыры эле. Жапардын үнү сейрек кезиге, сейрек учурай турган үн эле. Маркум 1957-жылы Москвага Бүткүл дүйнөлүк жаштардын фестивалына барганда менин “Жылкычынын ырын”, Мусанын “Сагынамын” аттуу ырларды ырдап барды. 114 өлкөдөн канчалаган элдик өнөрдүн устаттары келди. Ошолордун ичинен биринчиликти жеңип алыш оңой эмес эле Баке. Жапар Москвага жөнөрдүн алдында менден 7-8 күн бирге отуруп “Жылкычынын ырын” үйрөндү. Жапар кетип баратканда айтат: - “Мен биринчиликти алып келем” – деп. Ой буюрса- деп айтсаң боло десем. Буюрса да, буюрбаса да биринчиликти алып келем деп кетти. Айткандай эле бириничликти жеңип келди. Жапар келгенче казактар “биздин лауреат” деп сүрөтү менен гезитке жарыялап өзүнчө бир кызык тамаша болгон. Жапар жаш кетти. Ал рак менен ооруп атып, өлөр өлгөнчө ырдап, биз менен командировкаларда бирге ырдап жүрдү. Мен айтам: - Ой Жапаке балдарыңдын, кыздарыңдын турмушу жаман эмес, гастролго чыкпай эле үйүңдө тынч жата бербейсиңби – десем, - Үйдө отурганда тумчугуп жаман болуп кетип атам. Үйдө баары эле бар. Силер менен каңырт-күрт болуп жүргөн мен үчүн жакшы болуп атат – дечү. Акырында Ошто командировкада жүргөндө Жапардын тамагынан сүт өтпөй калды. Ушунчалык катуу кыйналып “Алай” мейманканасында бир бөлмөдө өзү жалгыз жатты. Ошондо чиркин ай бир кырың деп онтоп койбойт. Ушунчалык чыдамкай киши экен. Ачка, күнүнө бир уртам сүт ичет. Кечинде болсо концертте ырдайт. Ошентип, жан дили менен ырга берилген киши өтүп кетти. Жапар дүйнөдөн өткөндө биз Ульяновский шаарында гастролдо элек. Ошентип маркумга топурак сала албай калдым. Жапар деген кез-кезде, чанда-чанда гана чыга турган табылбас эң таланттуу ырчы эле. Эмне кылабыз арты кайрылуу, топурагы торкоо болсун демекчимин, - деди төкмө акын, эл артисти Ашыраалы Айталиев.

Таанымал ырчы Чабалдаев кайсы гана жерде, кандай гана тилдеги элдердин арасында ырдабасын ар бир ырдаган ырын тилден дилге котормосуз жеткендей чеберчиликте, тереңдикте, кенендикте, мукамдыкта жан дүйнөсүн таштап, жалбыртай жана ырдоочу. Жапардын бүтүндөй өздүк репертуары ар кыл курактагы обончулардын эң бир ыйык, эң бир асыл, эң бир карыбыгын, арыбаган махабатты даңктаган мөлтүр лирикалык ырлардан турган. Ошондуктан, угуучулар Жапарды махабат ырларынын жарчысы, талыкпаган жайылтуучусу дешчү.

Жапар толкунда калган кайыктай турмуштун да ар кандай толкундарында удургуса да, шайырлар алган ардактуу наамдарды албаса да, чөкпөй, оозунан ырын түшүрбөй ырдап жүрүп жалп этти. Элинде болсо Жапардын жаркын элеси, аргендей үнү, аткарган ырлары өлбөс болуп калды.

АЛМАЗ АТАМБАЕВ ӨКМӨТ КУРАМЫНЫН 40 ПАЙЫЗЫН ЖАҢЫРТАТ

Жогорку Кеңеш Алмаз Атамбаевди премьер-министр кылып дайындоо боюнча президенттин сунушуна 48 добуш менен макулдук берди. Анын негизинде кечке жуук президент Бакиев аны өкмөт башчы кылып дайындоо жөнүндө жардык чыгарды. «Социал-демократтар» саясий партиясынын жетекчисин, оппозиция лидерлеринин бирин өкмөт башчылыкка сунуштоонун себебин президент Курманбек Бакиев саясий күчтөрдүн кепке келиши үчүн жасалган кадам катары баалады.

Президент Алмаз Атамбаевди премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып кечээ дайындап, ага макулдук берүүнү сурап парламентке кайрылган болчу. Премьер-министрди алмаштыруунун себеп-жайын өз оозу менен айтып берсин деп эсептеген депутаттар президент Курманбек Бакиевди Жогорку Кеңешке чакырышты. Президент өз сунушун «оппозициянын талаптарына жасалган реалдуу кадам» деп баалады:

- Айтып коеюн, айтып да келатам, мен бардыгын же көпчүлүгүн канааттандыргыдай чечимдерди издөөгө, компромисске даяр экенимди билдирип коеюн, билдирип да келатам. Бирок, эми баарын канааттандыруу мүмкүн эместир. Ошондуктан, жаңы өкмөт калыптоодон эч кандай өөн көргөн жокмун. Мен муну Алмаз Атамбаевге сунуш кылдым. Бул кокусунан же мага таңууланган тандоо эмес. Алмаз Атамбаевдин базар экономикасында чоң жана ийгиликтүү тажрыйбасы бар. Айрымдарындай кечээки күндөн эмес, көптөгөн жылдардан бери бийликке оппозицияда жүрөт. Көз карашы жана аракети боюнча мага чыныгы демократ, рынокчул жана өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө тынчсызданган патриоту катары байкалды. Мен ишти жөндөп кетет деп ойлойм.

Анткен менен Атамбаевдин талапкердигине ириде анын мурдагы пикирдештери, «Реформа үчүн» кыймылынын мүчөлөрү жана Бириккен фронттун тарапкерлери каршы чыгышты. Алар азыркы бийлик системасын бир адам өзгөртө аларына караманча ишенишкен жок. Мындай пикирин реформачыл лидерлердин бири Кубатбек Байболов билдирди:

- Бул системада, бул акыбалда иштешке мүмкүнчүлүк жок. Миң жеринен кыйын адам барса да иштей албайт ал жерде.

Депутат Мелис Эшимканов болсо суроо-жооп учурунда Атамбаевдин үй-бүлө бизнесине кантип бөгөт кое аларына кызыкты:

- Былтыр үч митинг учурунда да айтып аттыңыз. Үй-бүлөлүк бизнести токтотом деп убада бериптир сизге, кандай жол менен токтотосуңар? Максимге, Жанышка кантип алыңар жетет?

- Мелис иним, мындай да, мен ал кишинин инилерин, балдарын тааныбайм жана таанышпайм. Бирок, азыр сиз ээрчип бараткан башкы командачы деле ошол эле балдары менен үч-төрт сааттан отуруп сүйлөшчү да. Мен айтып аткандан кийин ишенип кой мага, башкача болот.

Ал эми социал-демократтар партиясынын төрага орун басары Темир Сариев:

- Биздин көз караштар дал келбейт. Анткени Алмаз Атамбаев биздин катарда болуп туруп, акыркы чечимди кыймылдын макулдугусуз өзү кабыл алды. Мен Социал-демократтар партиясынын саясий кенешинин мүчөсү болуп туруп, чечим кабыл алынгандан кийин уктум.

Ошондой болсо да, Алмаз Атамбаевди колдогондор парламентте көпчүлүктү түздү. Алардын бири Сооронбай Жээнбеков Алмаз Атамбаевдин кадамын эрдик катары баалады:

- Ой-пикири бир досторунан ажырап, алар менен душман болуп, жалпы Кыргызстанды сактап калалы деп ушул кызматка келиш премьер министрге, мен ойлойм, Алмаз Шаршеновичке деле оңой турбаса керек деп.

Парламенттеги добуш берүүнүн жыйынтыгын акырында эсептөө комиссиясынын төрагасы Муратбек Мукашевдин жарыялаганына караганда «Алмаз Шаршенович Атамбаевди Кыргыз республикасынын премьер-министрлигине дайындоого макул 48, каршы 3добуш берилген.»

Добуш берүудөн кийин Алмаз Атамбаевдин журналисттерге билдиргенине караганда, анын алгачкы жасай турган иши: өлкөнүн коомдук-саясий стабилдүулүгүн сактоого кам көрөт. Ушул максатта дароо ал ишин саясий күчтөр, ириде бириккен фронт жана реформачылар менен кеңеш жүргүзөт. Дүйшөмбү күнү өкмөттүн курамы кайра түзүлөт. Президентке сунуштаган жаңы жетекчилердин катарына биринчи вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов киргизилбейт. Муну мезгил талабы деп эсептеген Атамбаевдин айтымында өкмөттүн кырк пайыз чамалашы кайрадан жаңыртылат.

КЫРГЫЗСТАНДЫН АСЫЛ СУУЛАРЫН ОРУСИЯДА САТСА БОЛОБУ?

Муса Мураталиев, Москва Бул күндөрү Москвада өткөн айыл-чарба өндүрүшүнө арналган кеңешмеге Кыргызстандын да делегациясы катышууда. Ошол форумдун катышуучусу Кыргызстандын агрардык партиясынын жетекчиси Куттубек Асылбеков менен Москвадагы кабарчыбыз Муса Мураталиев маектешкен.

«АЗАТТЫК»: - Куттубек мырза, Орусиянын аймактарына чыгам дедиңиз. Кандай максат бар алдыда? Кайсы жерлерде болосуз?

АСЫЛБЕКОВ: - Орусиянын түдүгүндө, Ульяновская обулусу, Татарстанда болом. Бизди кызыктырган маселе – Татарстандагы Камаз машинесин чыгаруучу борбор, Елабуга трактир сооту. Бизге трактирлерин алып барып коюшту, бирок аларды эми дыйкандарга алып берүү боюнча лизинг маселеси чечиле элек. Себеби, алардын трактирлери сапаттуу. Беларустун трактир сооту да. Эмне дегенде Беларустун айыл чарбасына биздин айыл чарба кооперативдери үрөн сатат. Ушул мамлекеттер менен келишимдерди түзүп берип, биздин дыйкандарга шарт түзүп берүү аракетин жасап атабыз. Бизде эки маселе бар. Жазда эмне себебиз, күздө кайда сатабыз деген маселелерди чечүү үчүн ал жактарга барууга туура келип атат. Маскөөдөгү бул форумдан көп маалымат алып атабыз. Кимге кайрылабыз? Каякка чыгабыз – түшүнүк алып атабыз. Экинчиден, кээ бир жерлер менен байланыш түзүп иштешкени атабыз. Маскөөнүн ишкерлер союзу, Татарстандыкы а балким Ульяновская обулусу менен да иштеше баштайбыз. Биз үчүн түндүк аймактарга чыгуу пайдалуу. Себеби, биздин жашылча-жемиштердин баарына түндүк аймактары муктаж.

«АЗАТТЫК»: - Кыргызстанда былтыркы күздө Орусияга түшүм чыгаруу болдубу?

АСЫЛБЕКОВ: - Биздин түшүмдүн элүү пайызына чукулу Орусияга чыгарылат. Биздин дыйкандардын буурчагы дүйнөнүн кыйла жерине сатылып, акыры «Талас буурчагы» деген бренд алды. Өрүк, алма, мурч, сабиздерибизге дейре орусиялык түндүк аймактарына жиберилет. Бизде өскөн бакчанын алармандары - түдүк Орусия менен түдүк Казакстан.

«АЗАТТЫК»: - Маскөөдөн көрүп жүрөбүз. Кыргызстандын азык-түлүгү да сатылып калчу болду. Кымыз келип турат. Чалапка дейре сатылып калат. Дегинкиси «Шоро» чыгарган суусундар келет. Баасы кымбаттыгына карабай эл алып атат. Ошондуктан Кыргызстандык дагы бир суусун эске түшөт. Эмне үчүн Кыргызстандын асыл суулары Орусияда сатылбайт?

АСЫЛБЕКОВ: - Минералдык сууларды чыгарып аткан ишканалар көп. Бирок, сатканга келгенде сатып алуучуларды таба албай атышат. Ушу күндө да Ысык-Атанын миңдеген тонна суулары агып кетип атат. Биз издеп атабыз, соот салсак аны өндүрүп чыгара баштайбыз.

«АЗАТТЫК»: - Грузиянын «Боржоми» минералдык суунсуна орусиялык бийлик тыюу салып саттырбай койгондон кийин Орусияда минералдык суулар тартыштыгы пайда болуп калды…

АСЫЛБЕКОВ: - Биздин аракет ошону жолго салуу болуп атат. Асыл суулар булагы бизде өтө көп. Мисалы, Бишкекте Ысык-Ата бар, Жалал-Абадда бар. Алардан сырткары канча миңдеген булактар бар. Биздин дагы бир максат - минералдык сууларды өндүрүүчү ишкерлерди тартуу, Ошон үчүн биз маскөөлүк ассоциация менен иштешип атабыз. Алар керектүү ой-пикирлерин берди. Эгерде биз соотту куруп берсек, анда Маскөөгө биздин сууларды коюп туруу башталат.

А.ИСАБЕКОВ МЕНЕН А.АТАМБАЕВ ТУУРАЛУУ АЙЫЛДАШТАРЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?

Жазгүл Жамангулова, Чүй Экс-премьер министр Азим Исабеков жана премьер министр Алмаз Атамбаев да Чүй областынын Арашан айылында туулган. Бүгүнкү саясий өзгөрүштөргө байланыштуу айылдаштары эмне дешет?

- Жусуров Балидин. Азим Исабеков туура чечим кабыл алды деп эсептейм. Себеби Кыргызстандын ичиндеги туруксуздукту көрүп, саясий абалды тынчтыкта сактап калуу үчүн мындай кадамга барганы туура. Ал эми Алмаз Атамбаевдин кызматка келишинин да жолу башка. Оппозиция менен бийлик тирешип турган шартта мунун мааниси өтө чоң.

- Үсөналиев Рустам. Менимче Азим Исабеков саясий абалдын курмандыгы болуп калды. Президент Курманбек Бакиев аны алдады деп айтса да болот. Ал эми экөө тең биздин уулубуз го. Бирок, А.Атамбаевдин саясий лидер экендиги чындык. Ал кандай учур болбосун абалды өзүнүн нугунда алып кетет. Алмаз Атамбаев эч качан бийликтин оюнуна аралашпайт.

- Асаналиева Гүлайым Түшүнгөнгө Арашан айылынын тургундары бүгүн түшүнүксүз абалда турат. Биз үчүн аябай коркунучтуу учур азыр. Азим Исабековго ушундай мамиле кылды, ушул президенттен эмне жакшылык. Эртең Алмаз Атамбаевди жаман көрсөтүшү толук мүмкүн. Бул эки жигит тең ак жүрөк уулдар. Эгер, президент дагы алдамчы кадамдарына түшсө бул жолу эл көтөрүлөт. А.Атамбаевди колдогондор өтө көп.

- Кожомкулов Замир. Экөөнүн саясий кадамдары бул өлкөнүн тынчтыгын сактоого багытталгансыды. Бирок, А.Атамбаев эгер өзүнүн командасы менен чогуу болбосо бийлик аны баары бир жалгыздашы толук мүмкүн. Өкмөткө жаштар келиши керек, баары бир.

- Гүлажар Адылбекова. А.Атамбаевдин премьер болушун эл ар кандай кабыл алып жатат. Мисалы мен туура эмес деп айтат элем. Ал ушунча болгондон кийин күтө туруп эле президенттик шайлоого барса болмок.

- Каракеев Казыбек. Мен бул бийликтин кетишин каалайт элем. Кеп Азим менен Алмазда эмес, кеп президентте болуп атат. Ал дагы А.Исабековду кетиргендей кадамдарга барган болсо, биздин эл саясий акцияларды уюштурат. Ушул жолу президент туура эмес кадамга барган болсо, анда анын эл ичинде ишеними деле калбай калат.

- Укубалиев Азизбек. А.Атамбаев да, Азим Исабеков да биздин айылга келип элдин батасын алып кеткен. Эл экөөнө тең бирдей карап, алар менен сыймыктанат. Жогоруда айтып атышат, Алмаз Атамбаевди да саясий оюндар күтүп турат деп. Эгер андай болсо мен таңгалбайм. Анткени Ф.Кулов да, А.Исабеков да бийликтин саясий курмандыгы болду да. Бийликке алданды.

МУРДАГЫ ТИЛЕКТЕШТЕР ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН АТАМБАЕВДИН ПАРЛАМЕНТТЕГИ ДИАЛОГУ

Текебаев: - Президенттин кейпин көрдүңөр, өлкөнү кризистен сактап калыш керек десе, мен даяр эмес элем, мени үч күн мурун чакырып койсоңор болмок экен дейт. Элге, парламентке эмне дейм деп түнү менен даярданыш керек. Президенттин бул жасаган ишин жоопкерчиликсиз деп эсептейм. Экинчиси, Алмаз Атамбаев президент менен сүйлөшкөндө кээ бир саясий укуктар жазылбаганы берилген болуш керек деп эсептейм. Анткени күч органдарынын жетекчилерин коюп атканда дагы мен премьер-министрдин сөзүн угуш керек дейм. Болбосо сиз айткан убадаларыңыздын бири да аткарылбайт. Мисалы коррупцияга каршы күрөшөлү деп атасыз. Баш прокурор, баш прокурор болуп турганда орунбасарынын тоюнда болуп, чоң мушташ чыгарып, адамдарды урган, ал кишини президент баш прокурорго коём деп атат. Ал Алмаз Шаршенович, чатак салганын сиздин ордуңузда туруп, ооба мушташтым деп айтты. Ал жөн адамды уруп атты. Ал Жогорку Кеңештин спикеринин жакын тууганын уруптур. Ал арыз да берген жок дейт. Анткени баш прокурордун муштуму дары, таберик болот деп унчукпай атса керек деп ойлойм. Ушуну сиз президент өзү чечет деп унчукпай турасызбы, же ушуга окшогон кадрды туура эмес коюп атасыз деп айта аласызбы, же мурунку өкмөт башчылардай болуп унчукпай тура бересизби, бул биринчи суроом?

Атамбаев: - Өмүке мени өзүң жакшы билесиң да, албетте айтам.

Текебаев: - Абдан жакшы кетип атат абал. Сиздин министрлериңиз азыр бюджетниктерди түштүккө жөнөтүп, түштүк элин көтөргүлө, антимитинг уюштургула деп чуркап жүрөт. Өткөндө көп министр уюштурган, ошонун бири Саламаттык сактоо министринин азыркы орунбасары, ФОМСтун жетекчиси элдерди айдап чыгып, сизди сындаган, ал бийликти каалап атат Атамбаев деп. Азыр сиз министр болуп келип атасыз, ушуга окшогондор дагы эртең антимитингге элди айдап чыкса, ошондойлорду иштен бошотосузбу же дагы унчукпай отура бересизби?

Атамбаев: - Мен антимитинг маселесин президенттин өзүнө эле түз айттым. Антимитинг деген болбош керек, бул кагылышууга алып барат. Азыр ошондой фактылар болсо анда мен андай адамдар менен иштебейм.

Текебаев: - Алмаз Шаршенович алар кетпейт, сиз кетесиз, эскертип коёюн. Сизди укпай эле жасашат.

Атамбаев: - Мүмкүн.

Текебаев: - Экичиси, президент Аксы элин атып атканын мен билбей калыптырмын деп, ал кезде премьер-министр эле, четке чыга берген. Бүгүн президент министрлерди түз шайлаганы менен сиз коомчулуктун коопсуздугуна, адамдардын өмүрүнө сиз жооп бересиз өкмөт башчы катары. Эгерде, кимдир бирөө сизге айтпастан курал колдонуп жиберсе байкасаңыз да көрмөксөн болуп, мен билбей калыптырмын деп кийин четке чыкпайсызбы, өз убагында мыйзамсыз нерселерди токтото аласызбы?

Атамбаев: - Мисалы эмнеге ушул жолу экөөбүздүн жолубуз кайчы кетти. Эки чоң окуя башыман өттү. 24-мартта эсимде бар, эки жыл мурун колоннага айткам, жолдон бир да айнек сынбайт, жөң эле барып Акүйдүн жанына турабыз, Акаев менен сүйлөшөбүз дегенде, билесиңер аягында бир айнек сынмай тургай, соо айнек калган жок. Экинчиси, өткөн жылы ноябрда ойлодум, бир колонна меники, алар түз келди, экинчи колонна келип мүмкүн чатак көтөрдүбү. Билесиңер да 7-ноябрда кан төгүлбөдүбү. Мен ошондон кийин көрдүм, көп эл чогулганда, бирөө айтса кан төгүлбөйт деп, ага ишенбеш керек. Миңдеген адамдарды чыгарган адам жооп бериш керек. Арасынан бирөө өлүп калса, балдары жетим калат. Ошону ойлонуш керек. Мен эч кандай жоопкерчиликтен коркпойм. Мен керек болсо Кыргызстандын келечеги, биримдиги үчүн эл мени тебелеп токтоп калса өлүп деле берейин. Бирок, эл бир кетсе токтобойт да. Мен бардыгын түшүнүп баратам. Мага бардыгы айтып атат "камикадзесиң" деп, бирок Кыргызстандын келечеги үчүн бардык жоопкерчиликке даярмын. Тарых өзү чечсин.

Ө.Т. – Акмөөрдөй болуп арман айтып кетип аткан экенсиз да?

А.А. - Жок мени билесиң, мен боецмин, коркпой баратам, көрөбүз, Кудай колдойттур.

Ө.Т. – Даниярды, салык, бажы жетекчилерин алмаштырасызбы, алмаштырбайсызбы?

А.А. - Ал кишилер бул жерде отурат. Албетте, Данияр Токтогулович дагы бир топ өкмөттүн мүчөсүнө мен представление бербейм. Президент дагы аны билет.

Ө.Т. – Мен конкреттүү суроо бердим. Сиз коррупцияга каршы күрөшөм дедиңиз. Элдин баары ошол эки орган коррупцияланган деп атат?

А.А. - - Өмүрбек билесиң, биздин оюбуз дайыма бирдей болот.

Ө.Т. – Он биринде да биз бир болобуз.

А.А. – Он биринде бир болбойбуз.

Ө.Т. - Сиз ары жагынан, биз бери жагынан тейлейбиз.

А.А. – Ага чейин мүмкүн эл тынчып калат.

11-АПРЕЛДЕГИ МИТИНГ УРААНЫ: “БАКИЕВИ ЖОК РЕФОРМА ҮЧҮН”

Бүгүн “Реформа үчүн” кыймылы Бириккен фронт менен бирдикте билдирүү таратышты. Анда оппозициялык эки кыймыл Алмаз Атамбаев жетектеген коалициялык өкмөттү түзүүгө катышпоо, жаңы Конституциянын долбоорун чогуу даярдоо, 11-апрелде боло турган митингди чогуу уюштуруу жана андан ары биргелешип иш-аракеттерди көрүү, бийлик менен болуучу түрдүү сүйлөшүүлөрдү “Реформа үчүн” кыймылы менен Бириккен фронттун чогуу кеңешүүсү менен жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алышкан.

“Реформа үчүн” кыймылы менен “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун биргелешкен билдирүүсү алардын кечээки чогуу өткөргөн жыйынынын чечими болуп саналат. Бул тууралуу Бириккен фронттун штаб мүчөсү Мелис Эшимканов “Азаттыкка” билдирди:

-Кечээ эки оппозициялык топтун отуздан ашык мүчөсү жолуктук. Ал жерде Атамбаевдин өкмөтүн түзүүгө катышууга барбоо, президентке ишенбей, ал түзүп жаткан Конституциялык комиссиясына да эч кимди жибербөө тууралуу чечимге келдик. Эң негизгиси, 11-апрелде болуучу массалык жана мөөнөтсүз митингге бирге чыкканга макулдашып, кол койдук.

Билдирүүдө мамлекет башчы Курманбек Бакиев элге берген убадаларын аткарган жок, калп жана алдамчылык эл менен сүйлөшүүнүн куралы болуп калды, коррупцияга ачык жол берилип жатат, мамлекеттин ар-намысы тебеленди деп айтылып, мындан ары минтип жашоо мүмкүн эмес деп жазылган.

Ошондой эле билдирүү ээлери өлкөдө Конституциялык түптүү реформаларды жүргүзүүгө убакыт келип жетти деп белгилеп, Алмаз Атамбаев жетектеген өкмөттү түзүүгө катышпай тургандыгын, жаңы Башмыйзамдын долбоорун чогуу даярдоо, 11-апрелдеги митингди бирге уюштуруу, андан аркы иш-чараларга биргелешип аракеттенүү жана бийлик менен болуучу түрдүү сүйлөшүүлөрдү “Реформа үчүн” кыймылы менен Бириккен фронттун чогуу кеңешүүсү менен жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алышкан.

“Реформа” кыймылы менен Бириккен фронттун бүгүнкү билдирүүсүнө коомчулуктун пикирлери да түрдүү болууда. Айрым байкоочулар минтип тиреше берүү өлкөнү коркунучка кептейт деген ойлорун билдирип жатышат. Саясат таануучу Токтогул Какчекеев мунун арты жарандык кагылышуу коркунучуна алып келет, ошондуктан, сүйлөшүүлөргө барган оң деп эсептейт:

-Бири-бирин басмырлоого барбай, акыл-эстүүлүк менен тегерек үстөлдүн четинен ийри олтуруп, түз сүйлөшүп, баарын туура чечип, ошону аткаруу керек. Ал жерде түндүк-түштүк, жердешчилик, уруучулдук, пендечилик сыяктуу сөздөр айтылбай, бир гана максат – бейкутчулук, эртеңки Кыргызстандын келечеги, өнүгүүчү жолубуз ушул деп максат кылууга тийиш.

Бирок кээ бир пикирлер боюнча эки жактын сүйлөшүүлөргө келип, компромисске баруучу мезгили өтүп кеткен. Буга президенттин элдин, ириде оппозициянын ишеничинен кетип калганы себеп болууда, ошондуктан бул жолу президент, өкмөт экөө тең эң алды Конституциялык реформа жүргүзүүгө тийиш деп белгилешет. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев бийлик тарабынан да ишеничтүү кепилдик берилүүсү зарыл деп эсептейт:

-Чынында бийлик оппозицияны жалкытып койду, улам берген убадаларын аткарбай. Эми дагы “азырынча муну жасап, калганын саммиттен кийин аткаралы” деген бийликтин сөздөрүн оппозиция эптеп убакытты созуп туралы деген шылтоо катары эсептеп, дагы ишенбей жатат.

Орозбек Молдалиев Башмыйзамды өзгөртүү үчүн Конституциялык топ түзүүнүн кажети жок, буга чейин иштелип чыккан долбоорлордун ылайыктуусун парламент аркылуу кабыл алууга болот деп эсептейт.

“Реформа үчүн” кыймылы жана бириккен фронт 11-апрелдеги митингде “Бакиеви жок реформа” деген ураан менен чыгууну көздөөдө.

АЛМАЗ АТАМБАЕВ ПРЕМЬЕР-МИНИСТР КЫЗМАТЫНА БЕКИДИ

Кыргызстандын Жогорку Кеңеши бүгүн жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында Алмазбек Атамбаевди премьер-министр кызматына бекитти. Анын талапкерлигин каттоого илинген 54 депутаттын 48 жактап добуш берди. Үч депутат каршы болду. Президент К. Бакиев бир күн мурда Азим Исабековдун өкмөтүн отставкага жиберип, социал-демократтар партиясынын лидери, "Реформа" кыймылынын жетекчилеринин бири Алмазбек Атамбаевди премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындап, мындай чечимге оппозициялык күчтөрдүн коалициялык өкмөт түзүү талабын аткаруу үчүн барганын билдирген. «Бул менин оппозициянын талаптарын карай реалдуу жасаган кадамым»,- деди президент бүгүн Жогорку Кеңеште чыгып сүйлөгөн сөзүндө. Мамлекет башчы ошондой эле конституциялык реформаларга да даярдыгын баса белгиледи, бирок конституциялык реформа боюнча жумушчу тобуна оппозициядан эч сунуш берилбегендигин айтты. «Биз ноябрдагы каталыктарды кайталаган жатабыз, кайрадан ордунан чыкпаган конституциялык реформаны өткөзгөн жатабыз,- деди президент. Андан кийин Алмаз Атамбаев чыгып депутаттардын суроолоруна жооп берди. Ал бийлик менен оппозициянын ортосундагы тирешүү күчөп, эл ичиндеги жараңка чоңоюп, Кыргызстанды бөлүп кеткен жатат деп белгилеп, ошон үчүн ага жол бербеш үчүн ушул кадамга баратканын билдирди. «Ушул өкмөт...бийлик менен оппозициянын ортосунда, бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп берет, элге иштеп берет деген оюм бар. Ушу Кыргызстандын биримдигин сактап калат",- деди Алмаз Атамбаев. (KCh)

МЕЛИС ЭШИМКАНОВ: АТАМБАЕВГЕ ИШЕНСЕМ ДА, “КОЖОЮНГА” ИШЕНБЕЙ ЖАТАМ

Бүгүнкү парламент жыйынында депутат Мелис Эшимканов Алмазбек Атамбаевдин премьер-министр кызматына барган чечимин түшүнүп турса, президент К. Бакиевге ишенбей турганын айтып, добуш берүүдөн баш тартарын билдирди.

Мелис Эшимканов: - Алмаз Шаршенович, сиз экөөбүз кечээ ага-инидей сүйлөшүп алдык, менин позициямды билесиз. Ошентсе дагы бир эки суроо берип алайын. Мен сиздин бул кадамыңызды айыптабайм, чындап эле абдан опурталдуу, өлкөнүн башаламандыгына жол бербейин деген чын жүрөктөн чыккан сиздин ниетиңизге ишенем. Бирок кожоюнуңузга ишенбей атпаймбы кашайып. Менин суроом мындай, өткөндө сиз жаңыдан Курманбек Салиевич менен жолукканда айттыңыз, былтыр үч митингде өзүңүз баш болуп айтып аттыңыз, үй-бүлөлүк бизнесин токтом деп убада бериптир сизге. Кандай жол менен токтотосуңар, Максимге, Жанышка кантип алыңар жетет?

Алмазбек Атамбаев: – Мелис мен ал кишинин инилерин, балдарын тааныбайм, таанышпайм дагы. Бирок сиз деле ээрчип бараткан азыркы главнокомандующий, ошол балдары менен 3-4 саат отуруп сүйлөшчү да. Мен айтып аткандан кийин ишенип кой мага, башкача болот. Анткени, эгерде премьер-министр жамандыкка барбаса, экономикалык ишмердик боюнча президент Указдарга кол койбойт, Жерүй болобу, Кристалл болобу, Талдыбулак болобу премьер кол коет.

Мелис Эшимканов: – Ага мен шектенбейм. Бирок карасаңыз, Акаевдин мүлкүн, Бекназаров мырза жакшы билет, жаңы үй-бүлө кандай менчиктеп алганын, кандай подставной адамдар аркылуу өздөрүнө алып алганын. Эми бул өкмөт, премьер-министр катары сиз түздөн түз ошого кааласаңыз-каалабасаңыз дагы кагылышасыз да, ушул маселени кантип чечесиз деп атам?

Алмазбек Атамбаев: – Дагы бир жолу айтайын. Мына эки жылда эмне болгонун, эски премьерлер Кулов, Исабеков айтыптыр, мындан кийинкиге мен айтып атам жол бербейм деп. Мындан мурункуга эгерде Азимбек Анаркуловичтин документтери болсо бериш керек Баш прокуратурага, башка уюмдарга. Биз президент менен ачык сүйлөштүк, мындан ары өкмөттүн ишине эч ким кирише албайт.

Мелис Эшимканов – Кийинки суроо. Азыр эле президент күч структураларын мен өзүм дайындайм деп айтты. Сиз менен чоң кадамга баратканда ынтымакка, стабилдүүлүккө келели дегенде эмне үчүн сиз менен кеңешсе болбойт. Мисалы, сиз деле суракка чакырып, Куловдун да тиешеси бар дискетгейт деген нерсеге, Суталинов мырза бүт дүйнөгө кайсы жерин көрсөткөнүн билебиз. Ошол мырзаны кантип калтырасыңар. Эмне үчүн президент сизди ушундай чоң нерсеге сиз менен чогуу ушул маселелерди коомчулук менен кеңешип чечүүгө болбосун. Мен-мен деп эле отура береби дагы эле?

Алмазбек Атамбаев:– Биринчиден, мен президентти деле адам катары түшүнөм. Анткени урматтуу адамыбыз Ф.Шаршенбаевич айтпаадыбы, 11 апреля состоится мирное передача власти деп. Мааниси кандай экенин түшүнүп атабыз. Экинчиден, депутаттарда деле кичине жоопкерчилик бар. Азыр жаңы Конституция Акавдин кезиндегидей эмес. Ошол эле СНБ, МВД болобу, эки жолу ишенбөөчүлүк көрсөтсөңөр кетет да ыргып, баарын мага жүктөй бербей өзүңөр да кичине сүйлөшкүлө, тил табышкыла. Албетте, мен президентке бул маселелерди да айткам, эмнеге ушул акыбалга келдик. Анткени ноябрдан кийин күчтөн карап баштаган бийлик. Куловдун айтканы менен башталган “дискетгейт” сыяктуу иштер жабылыш керек. Ошондуктан эгерде бийлик ушул кадамдарга барса оппозиция деле башкача кадамдарга барат эле. Фронт деле айла жоктон кетти ушундай радикалдуу чараларга. Мен ал жакта балыкка окшоп тымпыйып отурбаймын.

Мелис Эшимканов: – Аныңыздан шек санабайбыз. Бирок сиздин этегиңизди кармап бийлигин сактап калайын деп жандалбастап атат ал киши. Ал жандалбастан эмне чыгат экенин билбейм. Бир гана сизге каалом, жанагыдай сөздөрдү көп оозунбай жүрсөңөр, Текебаевге жооп берип атып, мен өлүмгө деле даярмын деп атасыңар. Бакиев деле бир жылдан бери өлүмдү айтат, Акүйдөн сөөгүм чыксын дейт. Мамлекеттин башчылары сүйлөгөндө абайлап сүйлөп, сиз да президентке кичине таасир эте жүрсөңүз. Мен сизге өтсөңүз да, өтпөсөңүз да ийгилик каалайм. Бирок сизди аябай жакшы көргөнүм үчүн мен сизге добуш бере албайм.

КУРМАНБЕК БАКИЕВ: Я ВСЕГДА ГОТОВ К КОМПРОМИССНЫМ РЕШЕНИЯМ

Выступление президента на заседании Жогорку Кенеша 30 марта 2007 года.

- Уважаемые депутаты! Как вам известно, премьер-министр Азимбек Исабеков подал заявление об отставке. По его словам, оно было вызвано сложившейся политической ситуацией, требованием оппозиции о создании коалиционного правительства и продиктовано желанием дать возможность сформировать правительство, которому вы доверяли - основы политической силы. Я считаю, что в этом нет ничего чрезвычайного. Для демократических стран это обычная практика. Отствака правительства Азимбека Исабекова только подтверждает, что мы живем в демократических нормах. Ни у меня, ни у Жогорку Кеңеша не было и нет сейчас ни каких претензий к этому составу правительства и к самому Азимбеку Исабекову. Они были утверждены недавно и активно приступили к работе, оперативно сформировали программу обеспечения ускоренного экономического роста. Сам Азимбек Исабеков, которго я знаю давно зарекомендовал себя как хороший руководитель с большим опытом работы. И конечно же его знания и опыт будут использованы, об этом мы с ним уже договорились.

Однако я считаю что мы не можем не учитывать требования ряда политических сил. Я всегда заявлял и заявляю о своей готовности к компромиссам и поискам решений, которые бы устраивали всех или большинство. Ну всех наверное невозможно устроить. Поэтому я не вижу ничего страшного в том, что мы сформируем новое правительство. Я предложил сделать это Алмазу Атамбаеву. Это был не случайный и навязанный мне выбор. Алмазбек Атамбаев имеет большой и успешный опыт работы в рыночной экономике. Многие годы, а не только со вчерашнего дня как некоторые, он был в оппозиции власти и хорошо знает все недостатки власти. По своим взглядам и действиям он показал себя как убежденный демократ, рыночник и патриот своей страны, беспокоющийся о ее развитии. Я считаю, что он справится с этой работой.

Учитывая, что по Конституции внешняя политика и базопасность входит в компетенцию президента, мы договорились, что люди занимающие должность министров этого блока не будут меняться. Что касается остальных членов правительства, то как только вы дадите согласие, я издам указ о назначении Атамбаева и он приступит к широким консультациям с фракциями, политическими партиями и движениями по составу правительства.

Будет учтено мнение прежде всего депутатов и других политических групп. Это мой реальный шаг на встречу требованиям оппозиции. Вы знаете, что я готов к конституционной реформе. Однако хотя уже прошла неделя никто из оппозиции не дал свою кандидатуру в рабочую группу, которая этим будет заниматься. Я думаю, что это может свидетельствовать о нежелании реальной реформы и стремлении навязать всем нам, в том числе и вам уважаемые депутаты, видение только одной группы. Понятно, что это не имеет ничего общего с демократией. Мы повторяем ситуацию ноября прошлого года и все мы знаем, что это закончилось некачественной конституцией и попраниям закона. Так не должно быть. Я попрошу вас дать согласие на назначение Алмазбека Атамбаева премьер- министром и принять участие в консультациях по формированию правительства, которому вы доверяли. Спасибо за внимание.

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ: БИЙЛИК МЕНЕН ОППОЗИЦИЯНЫН ОРТОСУНДА КӨПҮРӨ БОЛОЮН ДЕДИМ

- Урматтуу депутаттар, мекендештер!

Мен үчүн бүгүнкү кадам абдан оор кадам болду. Менимче президент деле бул кадамга оңой менен барган жок. Сиздер билесиздер, азыр Кыргызстанда абал өтө курч. Бийлик менен оппозициянын ортоснудагы жарака чоңоюп баратат. Ошол жарака, кудай сактасын, Кыргызстанды да бөлүп кеткени жатат. Ошондуктан, мен ушул кадамга барып атам. Билесиздер, азыр менин дарегиме кандай гана сөздөр, ушактар айтылып жатат, кызматка сатылды, тиги-бу деген..
Мен айтар элем, билесиңер Кыргызстанда премьер-министр он беш жылдын ичинде орто эсеп менен ашып кетсе бир жарым жыл иштеген. Кээ бирөөлөр мага келип айтып атышат: “Сени сакташ үчүн, сени саясатчы катары сактап калыш үчүн, премьерликке өткөрбөйбүз” деп. Мен айтар элем: Мени сактабай эле койгула, Кыргызстанды сактайлы, Кыргызстанды сактап калалы.
Апам раматылык айтчу, “балам, жакшы адам болом десең, көпүрөдөй бол, көпүрө жаман-жакшыны көтөрөт, эки жээкти бириктирет” дечү. Мен бул өкмөткө макулдук бергеним, ушул өкмөт ошондой көпүрө болуп береби, бийлик менен оппозициянын ортосунда, бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп берет, элге иштеп берет деген оюм бар. Ушу Кыргызстандын биримдигин сактап калат деп.

АТАМБАЕВ КЫЗМАТЫНАН БАШ ТАРТАБЫ?

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары Алмаз Атамбаевдин өкмөт башчысынын милдетин аткаруу үчүн дайындалганы туурасында ар түрдүү ой-пикирлерди жарыялоо менен чыкты.

«Кыргыз руху» гезити белгилүү саясат таануучу Нур Омаровга кайрылып, бийликтин акыркы жасап жаткан кадамына кандай баа берер элеңиз деп сураганда, Нур мырза, өкмөттөгү орун алмашуулар жогорку бийликтин шал болуп калгандыгын, А. Атамбаевди премерь-министрликке алып келүү бийликтин оппозицияны бөлүп-жаруу аракети болуп жатканын, мындай кырдаал тескерисинче «Реформа үчүн» кыймылы менен фронту кайра бириктирерин айтса, белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков мырза, Акүйдөгү акыркы окуялар бийликте паника башталды дегенди билдирерин, чын-чынында президенттин бул кадамынан кризистен чыгуунун жолун көрбөгөндүгүн, анын ою боюнча жакында А.Атамбаев кызмат ордунан баш тартарын, жеке амбициясынан уламбы же кызмат үчүн даяр турарын көрсөткөнүбү, оппозициянын арасынан Атамбаев алсыз болуп чыкканын билдирди.

«Агым» гезити 57 жаштагы Чүй тургуну Бекназар Урумов аттуу жаранга сөз берген. Ал бийлик реформага барбаса өзүн өзү өрттөп жиберерин, мындай өрттөнө тургандардын бири-Ат-Башылык жигит, бири-Сокулуктук, бири-Бишкекектик аялдар экенин, бирок азырынча алардын аты-жөнүн атай албастыгын маалымдаган. Ушул эле гезит 1-вице-премьер министр Данияр Үсөнов ооруканада жатып фронт лидерлеринин бирине Бакиев бийлиги урап баратканын моюнга алганын, «Лица» гезитинин башкы редактору Бермет Букашева Ф.Куловду жактаарын, эл эч качан бири бирине ок атпастыгын, милийсалар эл менен ар дайым бирге экендиктерин, ал эми Замира Сыдыкова айымдын өз кожоюну К.Бакиевди коргоп жатканын нормалдуу көрүнүш деп эсептээрин айтты деп маалымдады. Гезит ошондой эле жакында «Бириккен фронттун» штабына Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Апас Жумагулов, кечээки премьер-министр Азим Исабеков, президенттин админстрация башчысы Мыктыбек Абдылдаев келип сөз арасында Феликс Кулов менен бир экендиктерин жашырышпагандыгын да жазып чыкты.

«Эркин тоо» гезити оппозицияны бийлик кумарына баткандар катары мүнөздөп, алгачкы бетине «Бийлик кумары же Акаев-Кулов тандеми эл бийлигине каршы фронт ачтыбы?» деген баштемадагы макалага орун берди.

«Жаңы ордо» гезити аркылуу ЖК депутаты Рашид Тагаев мырза, азыр реформа деп кыйкырып жаткан саясатчылардын баарына кызмат берип көрүш керектигин, кийин анан, «ии, кана, силер эмне кылдыңар?» деп сурай турган күн да келерин айткан.

«Кыргыз туусу» гезитине «Жаңы Компартиясы», «Кыргызстан Компартиясы», «Эрк Кыргызстан Кыргызстан», «Эркиндик», «Кыргызстан» партия лидерлеринин колу коюлган «Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эки тараптын макулдашуусу зарыл» деген ат менен кайрылуусу жарык көрдү.

«МСН суббота» гезтинин суроолоруна жообунда белгилүү мамлекеттик ишмер Амангелди Муралиев, Бакиев 30-декабрдагы өз Кониституциясын кабыл ала койбогондо бүгүнкүдөй абал келип чыкпастыгын, бийликтин Атамбаевди алып барганы олуттуу жүрүш болгону менен кечигип калгандыгын, эми анын тезинен реформа жасагандан башка жолу жок калгандыгын айтса, дагы бир мамлекеттик ишмер Муратбек Иманалиев, Кыргызстанда ички саясат жок сыяктуу эле тышкы саясат да жок экенин, Бакиевдин чын эле жалгыздыгын, азыр аны менен жоопкерчиликти акыр аягына чейин кошо тарта турган бир дагы салмактуу фигура жоктугун айтса, ушул эле «МСН суббота» аркылуу «Бириккен фронттун» лидери Ф.Кулов эч кимден өч алууну каалап жатпаганын, жогорку бийлик эл адында өзүнүн кадыры менен таасирин такыр жоготуп бүткөндүгүн, анткени республиканын облусттук жана жергиликтүү жетекчилеринин көбү фронтту колдоп жаткандыгын, ушу кезде Бакиевге «өзгөчө» жакындар провокация жасоонун түрдүү айла-амалдарын ойлоп жатышканын, бирок, мындай ой айланып барып ошол жасагандардын өзүлөрүнө тиерин билдирген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

АЛМАЗ АТАМБАЕВ БИЙЛИККЕ АЛДАНДЫБЫ?!

Өлкөдөгү саясатта, бийлик чөйрөсүндөгү чукул өзгөрүүлөр карапайым калк арасында кайчы пикирлерди жаралууда. Айрымдары оппозиция лидерлеринин бири – Алмазбек Атамбаевдин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалуусу өлкөдө саясий кризисти басаңдатат деп эсептешет. Ал эми айрым атуулдар президент оор абалдан чыгуу максатында оппозицияны жана элди алдап жатат деп айтышууда.

Президент Курманбек Бакиевдин жардыгы менен премьер-министр Азим Исабековдун кызматтан кетүүсү жана анын ордуна оппозиция лидерлеринин бири Алмазбек Атамбаевдин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалуусу өлкө тургундарынын түрдүү пикирлерин жаратууда.

Бул окуя тууралуу Кыргыз эл артисти Табылды Актан пикирин билдирип, Алмазбек Атамбаевдин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалуусу өлкөдө саясий кризисти жөнгө сала алабайт дейт.

Кеминдик фермер Эсенбек Жапаровдун айтымында Алмазбек Атамбаев менен президенттин Нооруз күнкү жолугушуусунун жыйынтыгы, “Реформа үчүн” кыймылынын ич ара бөлүнүп кетиши саясый кризисти дагы тереңдетет.

Социал- демократиялык партиясынын лидери Алмазбек Атамбаевдин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалуусу жана саясий кризис тууралуу өлкө тургундары өз пикирлери мындайча билдиришти.

Бишкектин тургуну Азамат Кыязов:- “Ишенген кожоң сууга акса, алды алдынан тал карма” дегендей президент акыркы аракети менен элди, оппозицияны алдап жатса, Алмазбек Атамбаевдин макулдук бергенин туура көрбөйм.

Бишкектин тургуну Айдар Мамытов:
-Кечээки оппозиционер Алмазбек Атамбаевдин бүгүн өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болууга макулдук бергени бул саясаттагы алып сатарлыгы. Кечээ эле Бакиев-Кулов кетсин деп кыйкырып чыкпады беле. Эми Кулов тескерисинче Бакиев- Атамбаев кетсин деп ураан чакырып чыгабы?

Бишкектин тургуну, ардагер Мариям Акматова:- Элдин башын айландырып, алдап жатышат. Мен эч кимисине ишенбей калдым. Себеби кечээ эле эл мененмин, Бакиев кетсин, системаны өзгөртүү керек деген Атамабаевдын максаты бийлик, кресло гана экен да..

Бишкектик Бакыт:- Анткени ал элге убада берген, эң биринчи Конституцияны түп-тамырынан бери өзгөртүүгө жетишип, ага чекит койгондон кийин гана коалициялык өкмөттү баштайбыз деп. Ал убадасына турбады.

Бишкектин тургуну Кыял Дөөталиева “Бирдиктүү Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылынын лидери Алмазбек Атамбаев өкмөт башчылыкка татыктуу, демилгелүү инсан экендигин айтып, өлкөдө саясий туруктуулукту камсыз кылат деп ишенет: - Бул дайындоо карапайым элге көп үмүт берет. Бир туңгуюкка кептелип, коом экиге бөлүнүп ажырым чоңоюп бараткан. Өлкөнү саясатчылар түштүк-түндүк деп экиге бөлүнүп, саясый кризисти курчута баштаган эле. Алмазбек Атамбаев бийликти сындап келген эле, эми тизгин колго тийгенде иштеп көрсүн. Ал оппозициянын өкүлү. Ошондуктан, анын келиши өлкөдө саясий кырдаалды турукташтырат деп ойлойм.

Бишкектин тургуну Алмаз Кудайбергеновдун пикиринде Алмазбек Атамбаевдин туруктуу позициясы жок, ага ишенүүгө болбойт.

Бишкектик Бакыттын айтымында, “Президент Курманбек Бакиев амалдуулук кылып, айлакерлик менен Алмаз Атамбаевдин өкмөт башчысы кылуу менен 11-апрелдеги митингди болтурбай коюуга аракет көрүп жатат деп эсептейт.

Улам-улам премьер- министрди алмаштыргандан көрө президент реформаларды жүргүзүп коррупцияны жойсо болмок, орун алмаштыруудан өзгөрүү болбойт деген пикирлер да коомчулукта айтылууда.

Нарындык Өскөн Жетигенов Алмазбек Атамбаевдин өкмөт башына келүүсү менен өлкөдө саясий кырдаал оңолуп кетпейт деп эсептейт:

-Президент кадрларды кандай гана өйдө- төмөн калчап жатат. Мындай аракет менен эч натыйжага ээ болбойт. Ушундай туруксуз саясатта Алмаз Атамбаевдин көпкө иштеп каларына мен ишенбейм.

Оппозиция лидерлеринин бири Алмазбек Атамбаевдин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалуусу өлкө тургундарынын түрдүү пикирлери мына ушундай.

ЖААТТАШКАН ТАРАПТАРДЫН ЖАРАШЧУ ТҮРҮ ЖОК

29-мартта “Реформалар үчүн” кыймылы кезектеги жыйынын өткөрүп, конституциялык реформа өткөрүлмөйүн коалициялык өкмөткө кирбей тургандыгын, жаңы Башмыйзам кабыл алынганча “Бириккен фронт” менен биргелешип саясий иш-чараларды чогуу өткөрө тургандыгын ырастады. Реформачылар иштеп чыккан жаңы Конституция өткөн жылдын 9-ноябрында кабыл алынган негизги мыйзамда белгиленген принциптерди дагы бышыктап, демократиялык реформаларды жүргүзүүгө шарт түзмөкчү.

Реформачылардын кезектеги жыйыны Азим Исабековдун өкмөтү кызматтан кетип, Алмаз Атамбаевдин аткаруу бийлик жетекчисинин милдетин аткаруу озуйпасына киришкен чакка туш келди. Кечээки тилектештер А.Атамбаевдин өкмөттү башкарууга макулдук бергенине нааразы экенин жашырган жок.
Аны депутат Болот Шерниязов момундайча билдирди.

- Өкмөткө ким бармак эле?

Ушундай эле пикирин анын кесиптеши Осмонбек Артыкбаев да ачыкка чыгарды. Анын айтуусунда, азыркы түзүлүп жаткан өкмөт айла кеткендеги амал.

- Максат – конституциялык реформа. Ошонун негизинде Кыргызстанга туруктуулукту алып келиш маселесин талкууладык. Биз жаңы кыргыз өкмөтүнө талапкерлерди көрсөтүүнү караган жокпуз, тескерисинче аны сындап жатабыз. Менин оюмча, бул өкмөт бийликтин акыркы айла-амалы деп ойлойм. Анан да мындай шартта бул өкмөт жагдайды жөнгө салып, ахывалды жакшы жагына оодарып кетүүгө мүмкүндүгү жок деп эсептейм.

Алмаз Атамбаевдин аткаруу бийлигин жетектөөгө барганын жактырбай тургандыгын Мелис Эшимканов да айтты.

Реформачылар өткөн жылдын ноябрында кабыл алынган Башмыйзамды кайра жаңыртууга куштар экенин, ушул маселе оңуна чечилсе гана бийлик менен кызматташууга бара тургандыгын Кубатбек Байболов ырастады.

- Иштелип чыккан Конституциянын долбоорун бекиттик. Фронт менен жолугушуу болот. 11-апрелде өтө турган митингди колдойбуз, деген чечимге келдик.

«Реформалар үчүн» кыймылынын теңтөрагасы Темир Сариев өнөктөштөрү негизинен бир пикирге келгенин, «Бириккен фронт» кыймылы менен биргеликте Башмыйзамдын жаңыланган вариантын элге сунуш кылуу аракетин жасай тургандыктарын билдирди.

- 9-ноябрда кабыл алынган Конституциянын негизинде түзүлдү. Аны болсо конституциялык кеңешме иштеп чыккан. Бүгүн кээ бир талаш маселелер бар эле. Ошол боюнча чечим кабыл алдык. Массалык маалымдоо каражаттарына таратып беребиз. Бүгүн фронттун жетекчилери менен жолугушуп, алардын позициясын тактап алгандан кийин, мүмкүн Конституцияны чогуу иштеп чыгышыбыз ыктымал. Алар да биздин демилгени колдойт. Себеби алардын талабында да конституциялык реформа турат.

Оппозициянын сүрдүү дем-дымагы А.Акаев заманында ачыкка чыга албай, эми каалагандай жаңырык-доошторго ээ болуп жатканын белгилеп, Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров бийлик каршылаштары менен ортодогу маселени ийри олтуруп, түз чечүүгө даяр экенин маалымдады.

- Мен ал фронтовиктердин пикирин түшүннбөйм. Алар айтып жатышпайбы, 11-апрелде тынчтык жол менен бийлик бир колдон экинчи колго өтөт деп. Ал кандай өтөт? Анын сценарийин ким жазды? Анан Акүйдөн ким чыгат? Президенттин кабинетинин ачкычын ага ким тапшырат? Ал сценарий кайсы жерде жазылган? Мен түшүнбөйм. Бизде Конституция бар. Анда бийлик мөөнөтү беш жыл деп жазылган. Президент жагабы-жакпайбы, ага биз чыдашыбыз керек.

Кыргызстан ушу тапта капталып турган кысталыш кырдаалдан чыгуунун бирден-бир жолу жаатташкан тараптардын ортодогу маселени тынч жол менен сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү зарылдыгы байма-бай айтылууда. Реформачылар А.Атамбаевдин өкмөтүнө кирүү-кирбөө маселесин конституциялык реформанын чалкеш маселеси так чечилгенден кийин гана талкуулай тургандыктарын билдиришүүдө.

ПАРЛАМЕНТ ЖАҢЫ ПРЕМЬЕРДИ БЕКИТҮҮГӨ МАКУЛДУК БЕРҮҮ МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛООГО КИРИШТИ

Бүгүн Жогорку Кеңеш Алмаз Атамбаевди премьер-министр кызматына бекитүүгө макулдук берүү маселесин карап баштады. Депутаттар жаңы премьерди бекитүүгө макулдук берүүдөн мурда президенттин эмне үчүн өкмөт башчысын алмаштырып жатканын, жаңы коалициялык өкмөт кандай болорун айтып берсин деп талап кылгандан кийин президент парламентке келип сөз сүйлөдү. Курманбек Бакиев өлкөдөгү кырдаалды курчутпай туруктуу сактоо жана оппозиция талап кылып жаткан элдик ишенимдеги өкмөт түзүү үчүн Азим Исабековдун өкмөтүн отставкага кетирип, жаңы премьерликке Алмаз Атамбаевди дайындаганын билдирди. «Бул менин оппозициянын талаптарын карай реалдуу кадамым»,- деди президент. Мамлекет башчы ошондой эле конституциялык реформаларга да даярдыгын баса белгиледи, бирок конституциялык реформа боюнча жумушчу тобуна оппозициядан эч сунуш берилбегендигин айтты. «Биз ноябрдагы каталыктарды кайталаган жатабыз, кайрадан ордунан чыкпаган конституциялык реформаны өткөзгөн жатабыз,- деди президент. Андан кийин Алмаз Атамбаев чыгып депутаттардын суроолоруна жооп бере баштады. Ал бийлик менен оппозициянын ортосундагы тирешүү күчөп, эл ичиндеги жараңка чоңоюп, Кыргызстанды бөлүп кеткен жатат деп белгилеп, ошон үчүн ага жол бербеш үчүн ушул кадамга баратканын билдирди. «Ушул өкмөт...бийлик менен оппозициянын ортосунда, бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп берет, элге иштеп берет деген оюм бар. Ушу Кыргызстандын биримдигин сактап калат",- деди Алмаз Атамбаев. (KCh)

ЭЛМУРЗА САТЫБАЛДИЕВ: БАРДЫК ЧОҢ КЫЛМЫШ ИШТЕРИН АЧКАНГА КУДУРЕТИМ ЖЕТЕТ

Кечээ парламент депутаттары Башкы прокурорлук кызматы үчүн президент сунуштаган Элмурза Сатыбалдиевдин талапкерлигин көпчүлүк добуш менен жактырышты. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Э.Сатыбалдиев эгер депутаттар ишеним көргөзүшсө мурда козголуп, бирок ачылбай келаткан кылмыш иштеринин бардыгын ачууга кудурети жетерин айтты. Бирок ошентсе да оппозициялык маанайдагы депутаттар бул талапкерге ишенбей турганын айтышты. Теманы Илим Жанузаков улантат.

Буга чейин болуп өткөн бир катар өтө чоң кылмыштарды, анын ичинде Аксыдагы элдин атылышы, Жогорку Кеңештин депутаттарынын буюртма жол менен өлтүрүлүшү, “дискет-гейт”, “матрешка-гейт” сыяктуу чуулгандуу кылмыш иштери ушул убакка чейин ачылбай келет. Ошол себептүү мурдагы Башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин дарегине көптөгөн нааразычылыктар айтылган эле. Буга байланыштуу кызматынан алынган Конгантиевдин ордуна президент Жогорку Кеңешке Башкы прокурордун милдетин аткарып жаткан Элмурза Сатыбалдиевдин талапкерлигин сунуштап, 60 добуш менен депутаттардын колдоосун тапты. Жаңы баш прокурорлук кызматка келген Элмурза Сатыбалдиев болсо чуулгандуу кылмыш иштеринин бетин ачканга кудурети жетерин билдирди:

- Мобу эл депутаттары көтөрүп аткан кылмыш иштери боюнча айтсам. Алар ушуларды ачууга көзүң жетеби деп атышпайбы. Буга мен бир жактуу жооп берем, менин көзүм жетет. Буюрса эми өзүңүздөр көрөсүздөр. Качандыр буларга бирөө чекит коюш керек да.

Мындан мурда президенттин басма сөз кызматы баш прокурор болуш үчүн он беш жылдык тажрыйба керектигин, Э.Сатыбалдиевдин тажрыйбасы он төрт жарым жыл экендиги тууралуу маалымат таратып, талаш-тартыш күчөгөн эле. Добуш берүү алдында да парламент депутаттары бул маселеге кайрылышып, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Каныбек Жороев талапкердин тажрыйбасы толук жетиштүү экендигин айтты:

- Элмурза Ракиевичтин тажрыйбасы он беш жылга жетти. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жөнүндөгү мыйзамдагы юридикалык кызмат боюнча он беш жылдан кем эмес иштейт деген талапка, бул кишинин эмгек тажрыйбасы жооп берет.

Депутаттардын арасында башкы прокурордун ордуна кандай адам келсе да абал өзгөрбөсүн, Э.Сатыбалдиевди колдоп-колдобогондон эч нерсе чыкпасын, анткени күч органдары бийликтин гана камчысын чаап калгандыгын айтып чыккандар болду. Мисалы, депутат Кубатбек Байболов мындай дейт:

- Кеп башкы прокурордо эмес. Кеп ошол органдардын табиятын өзгөртүш керек болчу да. Тилекке каршы укук коргоо органдары анын ичинде Башкы прокуратура, прокуратура органдары бардык адамдардын укуктарын коргоонун ордуна, саясатташып, саясий бийликтин жандармына айланып калгандыгында да.

Жалпысынан парламентте Э.Сатыбалдиевдин талапкерлигин колдогон депутаттар басымдуулук кылды. Алардын бири Сооронбай Жээнбековдун пикири төмөнкүдөй:

- Эми Элмурза Сатыбалдиевди мен көптөн бери билем. Кайсыл жерде иштесе, иштебсе да бир артынан жаман сөз жок. Ушул мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын кармап жүргөн биздин кыргыз элинин жигиттеринин бири. Мен билген үчүн бүгүн добушумду макулмун деп бердим.

Президент сунуштаган талапкерге катуу каршы чыккан депутаттардын бири Өмүрбек Текебаев болду. Ал Э.Сатыбалдиев тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

- Мына ушул жерден генерал Табалдиев менден кечирим сурап, “матрешка” иштери боюнча. Менин артыман жасалыптыр, мен кетем, бул ишке татыктуу эмесмин деген болчу. Эртеси жашыруун жыйын өткөрүп, коопсуздук кызматынын офицерлерин жыйнап алып, так ушул орун басары айткан да “Табалдиев бизди сатып кетти, бизге чыккынчылык кылды” деп. Мынакей моралдык баалуулуктар. Мен мындай баш прокурорго ыраазы эмесмин.

Сүрөттө: 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы демонстранттары. Так ошол күнү аларга каршы ок атылып, күнөөлүүлөр алигиче табылбай келет.

ФЕРГАНА ӨРӨӨНҮНДӨ БЕЙӨКМӨТ УЮМДАРГА КЫСЫМ КҮЧӨДҮ

Кыргызстан менен Өзбекстандын бейкөмөт уюмдарынын байланышы үзүлүшү мүмкүн. Мындай пикирлер Ош шаарында өткөн «Тынчтык өрөөнү» кошунуна мүчө Фергана өрөөнүндөгү бейөкмөт уюмдардын отчеттук жолугушуусунда айтылды. Жыйынга Өзбекстандан коомдук уюмдары жабылып калса да өкүлдөр келишкен. Отчеттук конференциянын уюштуруучулары жана чакан өзбек делегациясы ММКнын өкүлдөрүнөн, өзбек бейөкмөт уюмдары туурасында так жана кеңири маалымат бербөөнү өтүнүшкөн.

Фергана өрөөнүдөгү бейөкмөт уюмдардын «Тынчтык өрөөнү» кошунуна алгач Өзбекстандын 11 бейөкмөт уюму тартылган болсо, учурда алардын экөөсү гана калган. Алардын көпчүлүгү коомдук уюмдарын жабышып, же аргасыздан бизнес тармагына кайра каттоого турушкан.

- Мурда кошунга тартылган 11 өзбек бейөкмөт уюму болсо, учурда алардын экөөсү гана калган. Алардын көпчүлүгү бизнес тармагы болуп кайра катталууда. Экинчиден, акыркы кезде биз үчүн Өзбекстандан өкүлдөрдү чакыруу кыйла кыйын болуп калды,- Эл аралык толеранттуулук үчүн коомдук корунун президенти Рая Кадырова.

«Тынчтык өрөөнү» бейөкмөт уюмдар кошунунун кеңешчиси Рая Кадырова, өз сөзүндө мамлекеттик эмес уюмдарга болгон кысымдар кошуна Тажикстанда да болушу мүмкүн, бул башкаруунун өзбек моделинин тенденциясы деп белгиледи:

- Жакында Тажикстандын өкмөтү жана парламенти бейөкмөт секторунун ишин чектөө боюнча мыйзам кабыл алган, бирок учурда ага тажик президенти кол коё элек. А бул болсо өзбек моделинин тенденциясы болуп эсептелинет, - дейт Рая Кадырова.

Ошол эле учурда Өзбекстандын бейөкмөт уюм мүчөлөрүнө кайрылганыбызда, микрофонго сүйлөөдөн баш тартышып, керек болсо уюмдардын жана өкүлдөрдүн аты жөнүн атабоону өтүнүштү. Алардын айтымында, өзбек бийлиги Кыргызстандын бейөкмөт уюмдары менен байланыштагы кандай гана түзүлүш болбосо текшерүүгө алып жатышат.

Белгилеп кетчү нерсе өткөн жумада Баткен районуна караштуу Бозадыр айылында өткөн достук Нооруз майрамына келишкен өзбек делегациясын да мамлекет тарабынан катуу текшерүүдөн өткөрүп жөнөтүшкөнү маалым болгон.

БИРИККЕН ФРОНТТУН ОШТОГУ ШТАБЫНА КОЛ САЛУУ БОЛДУ

Кубанычбек Жолдошев, Ош 29-март күнү кечки саат бештерге жакын “Кыргызстандын кең келечеги үчүн” бириккен фронтунун Оштогу штабына өздөрүн президент Бакиевдин жактоочулары деп тааныштырышкан кырктан ашуун адам бастырып киришип, кеңседеги чакырык баракчаларды, гезиттерди тартып алышып сыртка алып чыгып өрттөп салышты. Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев президенттин жактоочуларынын мындай жоругун аша чапкан мыйзамсыздык катары баалады.

Алгач өздөрүн “Эмгек жана биримдик” партиясынын жергиликтүү өкүлдөрүбүз деп тааныштырышкан адамдардын тобу “Аки пресс Фергана” агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүшүп, “Кыргызстандын кең келечеги үчүн” бириккен фронтунун лидерине карата сын пикирлерин билдиришти:

- Эмне үчүн Феликс Шаршенбаевич эки жыл бийликте отурган мезгилде ушул ишти жасабады? Эми түшүп калып элди фронт деп бириктирип башка позицияга чакырып атат. Фронт деген атты энелердин жүрөгү угуп туруп сыздайт. Биз энебиз, - деди “Эмгек жана биримдик” партиясынын мүчөсү Санавар Кудайбердиева.

Ал эми аталган партиянын активисттеринин бири Эркин Кожогелдиев болсо бириккен фронттун саясий ишмердүүлүгүн бийликти күч менен алууга жасаган аракет катары айыптады:

- Бүгүнкү күндөгү фронттун жүргүзүп жаткан ыплас технологиясы, методу президенттин саясатына каршы, эптеп бийликти алуу талабында болуп атат. Бул түштүк элинде кыжырданууну пайда кылып атат.

Маалымат жыйыны аяктаган соң топтолуп турган президент Бакиевдин жактоочулары оппозициялык бириккен фронттун Ош облустук штабынын кеңсесине кирип барышып, бийликти сынга алган макалалар басылган гезиттерди жана чакырык барактарды тартып алышып, сыртка алып чыгып өрттөп салышты. Штабдын башчысы Абдымажит Мадымаров аларга карата коркутуп-үркүтүүлөр орун алгандыгын белгиледи:

- Колумду кайрып алып эшике алып чыгып кетти. Аркасынан аялдар гезиттерди, кагаздарды эшике алып чыгып өрттөп салышты. Бийлик, президент ушундай пастык кылганга муктажбы, же аларга ушундай керекпи?

“Эмгек жана биримдик” саясий партиясынын активисттери тарабынан уюштурулган бул аракеттерди Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев президенттин беделине көлөкө түшүрүүчү жосунсуз жорук катары баалады:

- Бул тынчтыкта сүйлөшүү процессине зыян гана алып келет. Президентти колдогон партиялар ушундай жасап атса, ал партия президентти колдогон эмес, тескерисинче провокатор партиялар болуп эсептелинет. Алар президенттин беделине көө түшүрүп атышат. Мен элге кайрылам бардыгы мыйзам чегинде болуш керек.

Оппозициялык бириккен фронттун Ош облусук штабы жогорудагыдай мыйзамсыз аракеттер боюнча милицияга кабарлангандыгына карабастан, тартип коргоо органдары өз учурунда бул окуяны келип териштирбей жаткандыгын жарыялады.

30-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Сталиндин партия пленумунда жасаган негизги доклады «Советская Киргизия» гезитинин 1937-жылдын 30-март күнкү санына жарыяланган. Кыргызстандын борбор шаарындагы биринчи планетарий 1974-жылдын 30-март күнү салтанат менен ачылды.

Кара-Кыргыз Автономиялык областтык Кеңештин I Уюштуруу курултайы 1925-жылдын 30-март күнү ишин аяктады. Курултайга област аймагынан 135 делегат чакырылып, алардын 81-кыргыз, 29 орус, калгандары башка калктардын өкүлдөрү болушкан. Областтык Революциялык комитеттин жоюлушуна байланыштуу 30-март күнү 63 адамдан турган Аткаруу Комитети уюшулду. Областтык Кеңештин Уюштуруу курултайында «Кара-Кыргыз автономиялык областынын жобосу» талкууга алынды. Областтык жобону, тактап айтканда Конституцияны иштеп чыгыш үчүн курамында Айдарбеков, Абдрахманов, Каменский, Султанаев жана Кизин турган атайын комиссия уюшулган. Атайын уюшулган комиссияга, Кара-Кыргыз автономиялык областы деген аталыштан «Кара» сөзүн алып, өлкө аталышы расмий түрдө Кыргыз Автономиялык областы деп жазылсын деген тапшырма жүктөлдү. Мындан тышкары, Өзбекстандын Хожент уездине караштуу кыргыз болуштуктарын Кара-Кыргыз областына кайтарылыш маселеси козголгон.

Совет мезгилиндеги кандуу кезең арасынан 1937-1938-жылдар адамга жасалган мыкаачылык жагынан айрыкча айырмаланат. Сталиндик кандуу террордун башы 1937-жылдын февраль-март айында өткөн пленумда аныкталган. Пленумдун материалдары жарыяланбагандыктан, советтик тарых илиминде анын максат, милдеттери буга чейин беймаалым бойдон калып келген. Сталиндин партия пленумунда жасаган негизги доклады «Советская Киргизия» гезитинин 1937-жылдын 30-март кінкі санына жарыяланган. Ушул күндөн баштап, «экижүздүүлөр»,
«зыянкечтер», «тамырын кыркыш керек», «талкалоо зарыл» деген сөздөр мамлекеттик деңгээлде маани ала баштаган.

Кыргыз Автономиялык областынын Борбордук Аткаруу комитетине караштуу өспүрүмдөр комиссиясы 1929-жылдын 30-мартында борбор шаарда даяр көйнөктөр сатылчу биринчи дүкөн ачты.

Кыргызстандын борбор шаарындагы биринчи планетарий 1974-жылдын 30-март күнү салтанат менен ачылды. Республиканын куруучулары жаңы имаратты Кыргыз ССРинин 50 жылдыгына арнап, анда аалам системасы туурасында даректүү фильмдер көрсөтүлүп, адистер космос жөнүндө дарстар окуп турушкан.

БИЙЛИК МЕНЕН ОППОЗИЦИЯ МЫНДАН АРЫ ЧЕГИНБЕЙБИ?

Президент Курманбек Бакиевдин коалициялык өкмөт түзүү үчүн жасаган аракети коомдук-саясий кырдаал турукташары күмөн бойдон калууда. Оппозициянын президенттик чукул шайлоону талап кылып жаткан канаты диалогго барбай тургандыгын, 11-апрелдеги ыктымал акция күчүндө экенин дагы бир ирет бышыктады. Ал эми мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров мындай демилгени бүгүн кескин сынга алды. Эксперттердин айрымдары бийлик да, оппозиция да жарга такалганын айтып жатышат.

Президент Курманбек Бакиев баштаган расмий бийлик өкүлдөрү өлкөдөгү саясий чыңалууну бийлик талаштын кесепети катары баалап жатышат. Мындай көз карашын шаршембиде мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров да билдирди. Мамлекеттик катчы «Кыргызстандын кең келечеги үчүн» бириккен фронт маалымат террорун жасап, элди дүргүтүп жатат деп, тынчтык жол менен бийликти чукул алмаштыруу демилгесин кыял катары баалады:

- Эгер Кыргызстандын кең келечеги көкүрөгүңдө, жүрөгүңдө болсо, тилиңдин учунда эмес, анда кел, отур, сүйлөш. Элди удургутуп, беш жүз сом берем, эки жүз сом берем деп аянтка чакырганыңды, жанакы багыттык таксилер менен, маршруттук таксилер менен жүрүп аткандарды акча иштеп тапкыңар келип атса үч рейс жасап бер, төрт рейс жасап бер эмес, акылыңды, чөнтөгүңдү башка нерсеге иштет.

Адахан Мадумаров түндүк-түштүк деген түшүнүктүн терең орношуна, саясий кырдаалдын курчушуна тандем күнөөлүү дейт. «Кыргызстандын кең келечеги үчүн!» бириккен фронт болсо тескерисинче саясий туруксуздуктун пайда болушун президенттин тандемдин шарттарын аткарбай койгондугу түрткү деп эсептеп, кырдаалды президент сөзсүз мөөнөтүнөн мурда шайлоого баруу аркылуу чечишин талап кылууда:

- Президенттикке чогуу тандем түзүп баралы деп, анан ортодон кыргызстандыктардын Куловго берген башка добуштарын, ошол адамдарды булар сыйлабай атат. Алар да Кыргызстандын жарандары. Ошон үчүн сөз айтаардан мурда ойлонуш керек да.

Ушундай оюн билдирген Феликс Куловдун маалымат катчысы Азамат Калмандын айтымында, Бириккен фронт 11-апрелге белгилеген митингин президенттин коалициялык өкмөт куруу аракети да, диалогго барууга чакырыгы да токтото албайт.

Элдик араздашууга жеткирбөө максатында президент жасаган коалициялык өкмөт түзүү аракеттери саясий күчтөрдүн кыйласы тарабынан оң бааланганы менен, кээ бир эксперттер, тескерисинче, эки тарап тең кырдаалды курчутуп ийгенин айтып жатышат. Саясат таануучу Карыбек Байбосунов бийлик да, оппозиция да азыр өздөрү казган орго түшчү жагдайга кирептер болуп калды, ошондуктан, кандайдыр бир сүйлөшүү болору күмөн дейт:

- Эми мамлекет бийликтери аргасыздан күч колдонууга мажбур болот. Баягы Пекиндеги Тэнь-янь-мэнь аянтындагы же болбосо мурдагы жылкы Анжиян окуясы сыяктуу окуя болушу мүмкүн. Себеби бийликте азыр чегине турган жер калбай калды. Оппозицияда да чегине турган жер калган жок. Булар өздөрү чегине турган аэродоромдун бардыгын казып коюшкан. Ошол казылган орго өздөрү түшүп калышы мүмкүн.

Бийлик тарабынан кандайдыр бир күч колдонуу, Конституцияда көрсөтүлгөн адамдык укуктарга шек келтирүү бийликтин оюнда жок экенин, диалогго дайым даяр экенин журналисттердин алдына чыккан Адахан Мадмуров белгиледи. Бирок, ошол эле учурда ал жеке өзү катуу тартипти жактай тургандыгын ачыктады:

- Жагабы-жакпайбы, мен катуу тартипти жактайм. Эгер, сен мыйзамды бузсаң, анын үстүнө сенин чакырыгың мамлекетте массалык бейтартиптикке алып келсе, сен ким болсоң да мыйзам чегинде чаралар көрүшү керек.

Мамлекеттик катчы бийликтин жагдайды түшүнүү аракеттери айрым саясий күчтөр тарабынан алсыздык катары кабылданып жатат деген ойдо. Оппозициялык күчтөр расмий бийликти 24-март окуясынан кийинки элдин үмүтүн актаган жок деп сынга алып, ар түрдүү чараларды уюуштуруп келатат. Келеркиси премьер министрлик кызматтан кеткен Феликс Куловдун жетегинде уюштурулууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG