Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 17:55

Кыргызстан

ЖЫЙЫН ӨТӨР, АНЫН ЭРТЕСИ ДА БОЛОР

Кыргызстандын өнүгүүсүнө арналган эл аралык жыйындын экинчи күнү бийлик менен бизнестин мамиле-катышына арналды. Ортодогу “оюн эрежесинин” шарттары, салык саясаты, ишкердикти өнүктүрүү тууралуу арбын кеп болду.

Кыргызстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министри Сабырбек Молдокулов өкмөттүн бизнес жаатындагы иш-аракети ачык-айкын экендигине токтолуп, өнөктөштөрүнөн андай мамиле байкалбай жатканын белгиледи.

Анткен менен аткаруу бийлигинин жасаган-эткендеринин бардыгы эле ишкердикке ыңгайлуу шарт түзбөй, тоскоол болгондон башкага жарабай жатканын ишкер Павел Десятников биртоп мисалдар менен ырастады. Анын айтуусунда, Кыргызстандагы транспорт ставкасынын жогорулугу автоунаа тармагынын жаңы машинелер менен толукталышына чоң кедергисин тийгизди.

- Он жылдан бери биз жалаң эле Казакстанга иштеп келе жатабыз. Биздин өлкөнүн транспорт ставкасын коңшу өлкөгө берип койгонубузду эч ким тана албайт. Бүт Казакстан “Мерседес”, “Вольвого” өтүшкөн, биз эми жаңыдан бутубузга туруп келатабыз. Эми алардын ордун кытайлыктар ээлей баштады.

Салык кеңешчилери палатасынын башчысы Татьяна Ким ири айыл чарба өндүрүшчүлөрүнөн кошумча нарк салыгын алып салуунун кээрин кайра иштетүү өнөр жайынын өкүлдөрү тартып жатканына токтолду.

- Бошотулгандан кийинки болжолдуу тогуз ай ичинде мөмө-жемиштерди иштетүүнүн көлөмү 25%дан 40% чейин төмөн түштү. Жакын арада бул өндүрүштүн жарым-жартылайы гана калат же болбосо аны “көмүскө экономикага” киргизип тынабыз. Кооз, бирок жакшы ойлонулбаган чечимдин натыйжасы ушундай болот.


Татьяна Ким чакан ишкерликти колдоо жаатында жасалган өкмөттүн дагы бир аракетин сынга алды. Кошумча нарк салыгынын босогосун 2 миллион сомдон баштоо, анын пикиринде, ири бизнеске чоң салакасын тийгизет. Ушул эле ойду Кыргызстан туроператорлор бирлигинин мүчөсү Владимир Комиссаров да улантты.

- Туура, өзгөрүү, жаңылануу керек. Болгондо да концептуалдуу өзгөрүүлөр зарыл. Айтарын айтабыз, а бирок ал качан жасалат? Кантип, качан жасалат, кеп ушунда.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Роджер Робинсон болуп аткан кеп-сөздөр диалогдун башталышы экенин айтып, иш мындан ары өз ыраатында улана бере тургандыгына ишенерин билдирди.

- Бул процесс, дурус жылыштар, өзгөрүүлөр, өкмөт алдыда чече турган проблемалар өз ырааты менен чыга берет. Жекече жагдай-шарттарга таянып мыйзамга өзгөртүү киргизүү туура эмес, ал начар натыйжаларга алып келиши ыктымал.

Роджер Робинсон Салык кодексин жыл кур эмес улам-улам өзгөртө берүү ишкерликке жолтоо болгондон башкага жарабастыгын белгиледи. Анын ырасташынча, салык саясаты өкмөт менен жарандык коомдун ортосундагы балансты кармап, ичара мунасанын натыйжасы болушу керек.

“Инвестициялык тегерек үстөл” долбоорунун жетекчиси Равкат Хасанов быйылкы жылдын 4 айынын экономикалык өсүшүнө анчалык кубанууга негиз жок деген пикирде.

- 9,1% өсүштү үч жылга бөлө келсек, иш жүзүндөгү өсүш анча деле бийик эмес. Азыркы милдет өсүш темпин сактап калыш. Ал үчүн чындап реформаларды башташ керек.

Экономикалык өнүгүү жана соода министри Сабырбек Молдокулов кийинки эки жылдагы экономикалык жагдайды жакшылап иликтөө маселесин козгоду.

- Кийинки эки жылда эмне болду? Экономика өскөн жок, салыктар болсо арбын түштү. Салык чогултуу жакшырдыбы же биздин салык төлөөчүлөрдүн аң-сезими өсүп кеттиби? Ушуну иликтеп чыкса кызыктуу болор эле.

Адистердин ырасташынча, кирешенин арбышы тапталган коррупциялык схеманын азыноолок өзгөрүп, кайсы бир чөнтөктөргө түшчү акчалардын мамлекет казынасына карай бурулуп калганына байланыштуу.

Т. ТУРГУНАЛИЕВ: БАРДЫК ЖЕРДЕ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭНЧИСИ 51 ПАЙЫЗ БОЛУШ КЕРЕК

Маектешкен Улан Эшматов, Прага «Азаттыктын» таңкы уктурууларынын маектеши «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев болду.

- Адаттагыдан айырмаланып сиз кечээги пресс-конференцияда саясий эмес экономикалык маселелерге кайрылдыңыз. Алардын бири парламент келерки аптада карары күтүлүп жаткан Камбарата ГЭСтери боюнча мыйзам. Азыр айтылып жаткан долбоор боюнча ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия – 30 пайыздан ээлик кылыш керек экен. Парламентте Кыргызстандыкы 51 пайыз болуш керек деген пикирлер да айтылууда. Ушундай эле ойду сиз да айттыңыз. Бирок буга болочок инвесторлор макул болор бекен?

- Албетте, Орусия жана Казакстан макул болбойт. Бирок биздин Кыргызстандын жетекчилери дайыма мамлекеттик кызыкчылыкты барынан жогору коюш керек. Кыргызстан үчүн бардык экономикалык жана башка долбоорлордо жок дегенде 51 пайызды көзөмөл пакетти камсыз кылыш керек. Себеби, Камбарата-1 оңой долбоор эмес. Ал Борбордук Азиядагы эң чоң ГЭСтердин бири болот, мүмкүн эң чоңу ошол болот. Демек ошол Камбарата ГЭСи менен биз эл аралык чөйрөгө ого бетер чыгабыз. Анын электр кубатын биз көп мамлекеттерге сата баштайбыз. Жалаң эле ГЭС куруу эмес, бул жерде миң деген чакырым электр линияларын куруу маселеси да турат.

Биринчиден, Камбарата-1-2 боюнча тендер жарыялаш керек. Ал эми тендерге каалагандардын бардыгына уруксат бериш керек. Мына АКШдагы Хан деген мультимиллиардер бизге көп нерселерди сунуш кылып атат. Бардык долбоорлордо Кыргызстандын үлүшү 51 пайыз болот. Камбарата-1-2 мейли Казакстан, Орусияга түшсүн, бирок Кыргызстандын үлүшү 51 пайыз болсун. Ал эми калганына эгерде Кыргызстан макул болсо анда биз дагы катышалы. Андан башка Балыкчы, Каракече, Торугарт, Жалалабат багытында 627 чакырым темир жолду куруп берели деген сөз болуп атат.

- Сиз айтып аткан миллиардер өзү келгени жатабы Кыргызстанга, аны кимдер табууда?

- Менин оюмча жакынкы учурда июнда ал киши чакырылат го. Чакырылса анан биздин жетекчилер Кыргызстандын ошондой мамлекеттик талаптарын коюш керек.

- Камбарата ГЭСтери боюнча сиз дагы 51 пайыз деген шарт аткарылмайынча керек болсо күтө туруу керек деген көз караштасызбы?

- Жок, күтө туруунун кажети жок. Ансыз деле созулуп атат. Камбарата-2нин 30-40 пайызы бүтүп калган, курулушу нечен жылдан бери токтоп калды. Ал эми Камбарата-1-2 мүмкүн болушунча тезирээк башташ керек. Бирок 2-3 киши чогулуп алып эле биз ушундай чечтик дебестен эл аралык тендер жарыялаш керек. Бары катышсын, ошондо Кыргызстанга кайсы сунуш эң пайдалуу ошону тандаш керек. Мунун саясий жагы дагы бар, себеби Ф.Кулов акыркы өзүнүн пикирин айтыптыр, Кыргызстан конфедеративдик бирикмеге кириш керек Россия менен деп. Биз таптакыр буга каршыбыз. Себеби акыркы 2 кылымдын ичинде Кыргызстанды нечен жолу күчкө салып эки жолу киргизишкен. Эгерде биз ошондой бирикмеге кире турган болсок, анда Кыргызстан өзүнүн көз карандысыздыгын жоготот.

- Куловду жеке эле ою го дейм?

- Куловдун жеке эле ою. Эки жума мурда Орусиянын мамлекеттик Думасынан келип, Марат Султановдор дагы айтып атпайбы, Гансидеги базалардын барын тезинен кетириш керек деп. “Эркиндик” партиясы айтып атат, эгерде базаларды кетире турган болсо анда бир учурда кетириш керек мөөнөттү коюп туруп, мисалы 2 же 3 жыл деп. Канттагы базаны дагы, Гансидеги базаны дагы кетириш керек. Себеби Кыргызстан бардык мамлекеттер менен, өзгөчө улуу өлкөлөр менен эң бир жакшы мамиледе болуш керек.

Эгерде Гансини кетире турган болсо анда Кыргызстан бүтүндөй Европа, АКШ менен мамилесин жаман жака бурат. Анда биз ого бетер байланып калабыз ШОСко кирген мамлекеттер менен.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

КАМБАРАТА ГЭСИНИН ӨЗГӨЧӨ СТАТУСУ КАНДАЙ БОЛОТ?

1-июнда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика жана суу ресурстары боюнча комитетинде Камбарата ГЭСтерин курууга байланыштуу парламенттик угуу болуп өттү. Анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, анда Камбарата ГЭСтерин «Токтогул каскадындагы ГЭСтердин жана жогорку чыңалуудагы электр линияларынын өзгөчө статусу жөнүндөгү» мыйзамдын алкагынан чыгаруу парламентке сунушталды.

Камбарата ГЭСтерине байланыштуу парламенттик угууга премьер-министр баш болгон өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, окмуштуу-адистер катышты. Алмаз Атамбаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү жана энергетик адистер Камбарата ГЭСтерин курууга тезирээк жол ачууну сунушташты.

Азыркы кезге карай Камбарата ГЭСтерин курууга Россия жана Казакстан кызыкдар болууда. Үч өлкө ГЭСти куруу үчүн биргелешкен ишкана түзүп, анын 36% Кыргызстан, калган 32% Россия жана дагы 32% Казакстанга тиешелүү болсун деген ойлор айтылууда.

Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомчулуктун айрым өкүлдөрү мындай формулага макул боло бербей турат. Алар ГЭСтердин кеминде 51% Кыргызстанга тиешелүү болуш керек деген позицияда турууда. Өкмөт башчы Алмаз Атамбаев мындай шартта инвесторду тартуу өтө кыйынга учураарын, бирок ага да макул болуп, парламенттен эмне керек болуп жатканын мындайча билдирди:

-Парламенттен бизге эки-үч көрсөтмө керек. Биринчи, сиздер биргелешкен ишкана түзүүгө уруксат бересиздерби, же жокпу? Экинчиден, Кыргызстанда канча пайыз калыш керек.Сүйлөшүүлөргө барыш үчүн мен жок дегенде ушул эки суроого жооп алышым керек. Мен ГЭСтердин 51% Кыргызстанга калышына каршы эмесмин. Бирок анда инвесторду тартуу өтө кыйынгы учурап калат .

Депутаттар Темир Сариев, Замирбек Эсенаманов, Болотбек Марипов өкмөттүн ГЭСтерди куруунун жолдору жана анын кимде канча үлүшү болоору тууралуу так иштелип чыккан программасы жоктугун белгилеп, мындай маанилүү ишке шашпай киришүүнү жакташты.

Парламенттик угууда ошондой эле Камбарата ГЭСтеринин суу сактагычтарындагы суу ресурстары кандай башкарылат, ага кайсы тарап кожоюндук кылат деген маселеге да өзгөчө көңүл бурулду. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Тайырбек Сарпашев мына ушул маселеге карата мындай пикирин билдирди:

-Камбарата ГЭСтерин ишке киргизгенден кийин Камбарата-1де сегиз миллиард куб метр суу топтолот.Ошондо казактар Камбаратадан коюп жиберилген сууну Токтогул суу сактагычынан коюп жибергиле деп чыгышы мүмкүн. Мына ошондуктан булар суу үчүн келген жокпу деген күмөн туулуп жатат.

Мындай абалга кабылбаш үчүн суу саясатын өкмөт гана жүргүзөт деген жобону мыйзамга киргизип коюуну премьер-министр сунуштады. Депутаттар алдына каржы министри Акылбек Жапаров да чыгып, ГЭСтерди курууну баштоого уруксат берүүнү өтүндү:

-Акыры жүрүп бирдемкеге кадам шилтейли да. Мүмкүнчүлүк бериңиздер. Биз шилтейли да сиздер менен бирге 2010-жылы Кристаллды, Камбарата-1, Камбарата-2 куруп жатабыз деп көрсөтөлү.Аксуу жүгөрү иштетүүчү заводу ишке кирет десе эч ким ишенген эмес эле. Мына эки жылдан берки аракет менен быйыл мына иштеп жатпайбы.

Айрым депутаттар ГЭСтерди Кыргызстан өз күчү менен курса болот деген ойду айтып чыкты. Бирок адис-окмуштуулар андайга Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин эскертип, инвесторду тартуу эң туура жол экенин белгилешти.

Парламенттик угуунун соңунда резолюция кабыл алынып, анда «Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү» мыйзамдан Камбарата ГЭСтерин чыгарууну караштыруу парламентке сунушталды. Эми парламент бул маселени дүйшөмбүдө кароого киришет, деп белгиледи Отун-энергетика жана суу ресурстары комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттик угуунун соңунда.

БАЛДАРДЫН “БАЙЧЕЧЕКЕЙ” ЖУРНАЛЫ ОТУЗДА

Фатима Абдалова Бүгүн балдардын эл аралык майрамында балдардын республикалык “Байчечекей” журналынын отуз жылдык мааракеси белгиленди. Мааракеге кыргыз өкмөтүнөн элүү миң сом түштү. Ошондой эле “Учкун” мамконцерни “Байчечекейдин” быйылкы бир санын бекер чыгарып, тиражын көбөйтүүгө да көмөк көрсөтмөк болду.

“Байчечекей” журналынын отуз жылдык мааракеси отуз жыл ичинде журнал бетине басылган айрым фотосүрөттөрдүн көргөзмөсү менен ачылып, жыйындын жүрүшүн Бишкектеги №111-балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын ыр-бийлери коштоду. Мына ушул бакчанын жетекчиси Шакен Турусбекова балдар ырдап аткан ырларды алар “Байчечекейден” алышарын белгиледи:

-Биз балдардын ырларын, аңгеме-жомокторду, балдардын акыл-эс жөндөмүн өстүрө турган кроссворд, чайнворддорду ушул балдардын “Байчечекей” журналынан алып келатабыз. “Байчечекейдин бизге жардамы чоң тийүүдө.

Композитор Камчыбек Букалаев балдар ырларына обондорду жазып, балдар топторун ырдатып да келатат. Анын пикиринде балдар ырларына жакшы көңүл бурулбай келатат:

-Балдар ырлары жетишсиз бүгүнкү күндө. Балдар ырларынын аздыгынан кээде балдар чоңдордун ырларын ырдашат. Ал ырлар албетте балдардын дүйнөсүн, көркөм табитин ачалбайт. Балдар ырларына көңүл буруу зарыл.

Эгемен жылдар ичинде “Байчечекей” жабылып калганга аз калган, аз-аздан чыкса да эл албай койгон учурлар да болгон. Мына ошондой учурларда да жамааттын аракети менен “Байчечекей” чыгып келди. Журналдын ага редактору Нургазы Ахмедулиндин пикиринде “Байчечекейдин” отуз жылдан берки “атасы”аталып калган баш редактор Токтосун Самудиновдун эмгеги чоң:

-“Байчечекей” журналы да бир топ кыйынчылыктарды басып өттү. Айрыкча журналды отуз жылдан бери жетектеп келаткан башкы редактор Токтосун Самудиновдун журналдын жабылып калбай чыгып келатышында эмгеги чоң. Мен өзүм да мында он жылдан бери иштеп келатам. Жакында балдарга арналган “Шок бала” китебим чыгат.

Журналдын мааракесине премьер-министр Алмазбек Атамбаев атайын куттуктоо баракчасын жана элүү миң сом акчалай белек жөнөткөн.Ошондой эле “Учкун” мамлекеттик концерндин генералдык директору Алмаз Абыкеев мааракелик жылда “Байчечекейдин” бир санын бекер чыгарып берүүгө сөз берди жана журналдын тиражын көбөйтүүнү да караштыраарын айтты:

-“Байчечекейге” балдарыбыздын чыгармалары да чыгып келет. Өз чыгармаларын журнал бетинен көргөн балага канат бүтөт... “Байчечекей” “Учкун” концернинен чыгып келатпайбы... “Учкун” концерни “Байчечекейдин” быйылкы бир санын бекер чыгарып берели деп жатабыз. Ошону менен бирге журналдын нускасын көбөйтүүнү да ойлонуштуруп жатабыз.

Чыгып сүйлөгөндөр “Байчечекей” эне тилин окуп үйрөнүүдө, тарбия-таалим алууда балдарга пайдубал, булак болуп келатканын белгилешти. Ата-энелердин иши көбөйгөн бүгүнкүндө “Байчечекей” жаш балдарга табышмак, аңгеме-жомокторду айтып берчү “чоң ата-чоң энеге” айланды деди республикалык балдар журналынын баш редактору, кыргыз эл акыны Токтосун Самудинов:

-“Байчечекей” кичинекей бөбөктөргө, кенже балдарга арналып чыгат эмеспи. Андыктан журнал балдарга эне тилди үйрөнүп билүүдө, тарбия-таалим алууда пайдубал болуп берет. Ошондуктан ар бир ата-эне балдарга “Байчечекейди” сатып берип туруусу керек.

А.АТАМБАЕВ: « БИЗ… ХИПИКтен БАШ ТАРТЫП ЖАҢЫЛЫШТЫК КЕТИРГЕНБИЗ »

«Жаңы ордо» гезити тышкы карызды жабуу боюнча элдик эсеп ачкан өкмөткө эл ишенеби деп суроо койгондо, «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев: өкмөт абдан туура чечим кабыл алганын, мурдагы премьер-министр Ф.Кулов элди ХИПИКке киргизем деп кул кылууга багытталган сунуш кийиргенде кыргыз аялдары керек болсо мойнундагы алтынын да чечип берүүгө даяр болушканын, кыргыздар эми андан да кем эмес патриоттуулугун көрсөтөрүн, ал эми бул эсепке Тургуналиевдер сөзсүз салым кошорун айтса, КР премьер-министри Алмазбек Атамбаев: ХИПИКтен баш тартуу саясый чечим болгонун, биз жаңылыштыкты ушул жерден кетиргенибизди, анткени карыздан кутулуунун жакшы жолун колдон чыгарып жибергенибизди, эми элдик эсеп деген карыздан чыгуунун бир гана жолу экендигин, мындан башка да иштер жасаларын айткан. ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев: элдик эсепке колдон келген каражатты кошорун, бирок барыдан мурда ошол кредит жегендерди жоопко тартса болмогун, академик Абдыганы Эркебаев: негизинен колдоорун, бирок, бүгүн эл «Жегенин башкалар жесе, биз эмне үчүн төлөшүбүз керек?» деген акыйкат маселе көтөрүп жатканын, эми мына ошол эл коюп жаткан маселеге жооп берүүгө бийликтин кудурети жетеби, кеп ошондо, деп айтты.

«Заман Кыргызстан» гезити Балдарды коргоонун бүгүнкү Эларалык Күнүнө карата «Кыргызстанда балдар кантип корголуп жатат?» деген макала менен чыгып, республика боюнча 16 жашка тололек 172 миң майып бала барын, анын 5 миңдейи ата-энелеринин колунда тарбияланганы менен өтө жакыр турмушта жашарын, жалпы билим берүү мекемелеринде 1 миллиондон ашык бала билим аларын, Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча өткөн жылы балдардын арасында 8830 ар кандай кылмыш иши жасалганын, азыркы күндө 874 өспүрүм жашоосун түрмөлөрдө өткөрүп жатканын белгилеп, тилекке каршы Кыргызстан өз алдынча түтүн булаткандан бери кароосуз балдардын катары көбөйүп, алар эң арзан жумушчу күч катары колдонулуп, алтургай чет өлкөлөргө кул катары сатуу балакети тамырлап жатканын жазды.

«Жаңы кылым» гезити биринчи бетин «Эгер парламенттик башкаруу болсо Кыргызстан Ооганстанга айланат» деген Нурлан Мотуевдин сөзү менен ачып, ага бир катар суроолорду берип жооп алган. Мотуев мырза Кара Кече көмүр кенинде акциялары бар экенин, ал жактан кайра өзүң келип башкарып бер деген сунуштар түшүп баштаганын, Мелис Эшимкановдун бошоп жаткан Асанбай шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлигиңди кой дегендер да болуп жатканын, 1-Май райондук сотуна ыраазылык билдирерин, азыркы бийлик жакшынакай бийлик экендигин айтып берген.

«2005-жылдын 24-мартына чейин «Бакиев, Бекназаров, Отунбаева, Атамбаев камалсын!» дегендер бүгүн бийликке ыктап кетишти. Мунун өзү принципиалдуу эмес. Коңшуларыбыз-Казакстан менен Кытай дүркүрөп өсүүдө. А бизде коррупция деген балээ бүт мүмкүнчүлүктөрдү капаска камап турат. Бирок, президенттин мындан чыгайын деген ниетин байкаган жокмун. Кана, Акаев тушунда Кыргызстанды канча адам тоноду? Кыргыз эллин белчеден батырган карыз каяктан чыкты? Эмне үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбайт?» Бүгүн жарык көргөн «Агым» гезити аркылуу Борбор Азиядагы Кыргыз-Америка университетинин вице-президенти, профессор Бакыт Бешимов ушинтип айтып чыкты. Ушул эле гезит кыргыздын көрүнүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен белгилүү адабиятчы Осмонакун Ибраимовдун алым-сабагын жарыялады. Өткөн менен кеткенди кеп кылган улуу жазуучу 2 миң жылдык карт тарых бүгүн кыргыздар кантип жатты экен деп көз кырын салып турганын, демек бүгүнкү муундун жоопкерчилиги зор экенин, ошон үчүн ушу кезде болгон аракетти жасап, баш бириктирүү зарылдыгын, керек болсо Эл-Жер деп күйгөн азаматтардын башын кошуп, Улуттук масилет курганга даярдыгын, антип азыр алдын албаса эртең кеч болуп каларын жар салды.

«Белый пароход» гезитине Шерали Назаров аттуу автор «Гей, славяндар» аттуу макаласында Кыргызстандын келечеги жок болгон соң жападан жалгыз жол- өткөндү көздөй кеткен оң, балакеттин баарын кылган Акаевдин да дооруна эмес, советтин да дооруна эмес… андан аркы Миң Суу-Энесай дооруна кетүү керек, бул фантазия же жөөлүгөндүк эмес, кезинде ушундай абалга түшкөн жөөттөр да Палестинасына кайтып барып азаптан кутулган, биз дагы өзүбүздүн түпкү Ата Конушубуз болгон Энее Сайды көздөй көчүшүбүз керек, деп жазды.

«МСН суббота» гезити мамлекет кааалайбы-каалабайбы, Кыргызстанда жаңы кесип пайда болгонун, аны сталкер деп аташарын, аны капчыгы калың жаңы орус же жаңы кыргыз байлары таап чыкпай эле өчпөстүн отун жагып, өлбөстүн күнүн көрүп келаткан жаңы жакырлар ойлоп тапканын, кечинде үйүнө бир бөлкө нан таап келиш үчүн өнөржай таштандылары көмүлгөн көрүстөндөрдү казып жанбаккандар кечээ жакында Сары Өзөн Чүйдүн Орловка деген айылын дүйнөгө дүң кылса, бүгүн бул эстафетаны өлкөнүн түштүгүндөгү Майлуу Суу таштандысын казып жансактагандар ийгиликтүү улантып жатканын баяндады. Атаганат, кезинде алданемедей иштеп жаткан Майлуу Суу электрлампа заводу менчиктештирилгенден кйин банкрот болгонун, заводдун шамы өчөрү менен анда иштеген жумушчулардын жүрөгүнүн шамы да кошо өчүп, бүгүн минтип таштанды казып калышканын, эми мына ушул таштандыдагы элди бийлик адатынча желим союлу менен сабап да тарата албастыгын, аны таратуунун бир гана жолу- ал- Майлуу Суу заводун кайрадан тирилтип… өлкөнүн өнөржайын өстүрүү… деп жазды гезит.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ЖЫЙЫН: ДОНОРЛОР МАКУЛ, ӨКМӨТ ЫРААЗЫ

Быйылкы жылдын 4 айында Кыргызстандын экономикалык өнүгүшү 9,1% түздү. Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстандын өнүгүү форумунда мына ушул дурус дегидей башталган өнүгүш ыраатын колдон чыгарбай, аны андан ары улантуу зарылдыгы жайында кеп болду. Эларалык каржы уюмдардын, Кыргызстанга жардам көрсөтүп келаткан өлкөлөрдүн өкүлдөрү өлкө ириде өнүгүү жолун так аныктап алыш керектиги, саясий-экономикалык реформаларды дагы тереңдетүү жөнүндө пикир бөлүштү.

Донорлордун чоң жыйыны кыргыз өкмөтү күткөн деңгээлде өткөнүнө курсант болгонун Каржы министри Акылбек Жапаров “Азаттыкка” берген атайын маегинде баса белгиледи.

- Ошого ыраазы болуп жатам. Бу келгендер, донорлор да айтып жатышат, экономикада бир күндө эле баары алмашып кетпейт. Кудайдын буйругу менен экономикада жакшылыктар 2 –3 жылда көрүнө баштайт. 7 – 9% жетип калдык. Мындан ары да ошондой мүмкүнчүлүктөр болот го деп жатам. Бирок, “Өнүгүү стратегиясын...” ишке ашырыш үчүн биздин донорлордон, эларалык уюмдардан күтө турган акчабыздын көлөмү 100 миллион доллардын тегереги болсо, эми жыл сайын ички жана тышкы инвестициянын көлөмү 500 миллион доллардан кем болбош керек. Буга чейин тескерисинче болуп келген.

Министрдин айтымында, ушу тапта Кыргызстанга эң ири инвестиция алып келген “Кумтөр” алтын кен долбоорунун шарттарын карап чыгуу боюнча өкмөт менен канадалык корпорациянын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

- “Центерра” түзүлүп калган. Мына ошонун убагында Каржы министрлигинин Инвестицияны башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Айдар Акаев болгон. Ал Каржы министринин кеңешчиси да болгон. Өзү барып бүт сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча регионалдык директору Аннет Диксон Кыргызстандын жыл башындагы дурус экономикалык көрсөткүчтөрү жаңы донорлорду чакырууга жакшы өбөлгө түзө тургандыгын белгиледи.

- Бишкектеги өкмөт менен донорлордун бул маанилүү жыйынын прогресс катары мүнөздөсөк жарашат. Жыйынга жарандык коом өкүлдөрү да чакырылып, ортодо пайдалуу пикир алышуулар жүрдү. Экинчи жагынан алганда, соңку 2 жыл ичинде бир кыйла маанилүү процесстер болууда. Өкмөт туруктуу өнүгүү үчүн түзүлүп жаткан шарттарды ыктуу пайдалануусу абзел. Быйылкы төрт айдагы экономикада дурус көрсөткүчтөр жакшы натыйжага алып келиши керек. Жакырчылыктын саны азаюуда.

Экономикадагы дурус жышаандар оболу аткаруу бийлигинин иш-аракетинин натыйжасы экенине премьер-министр Алмазбек Атамбаев да токтолду.

- Өтөле дымактуу милдет койгон жоксуңарбы, деген суроо берилбедиби. Менин премьер-министр болуп иштегениме 2 ай 1 күн болду. Ушул 2 айды карасам, эгерде өкмөт таза иштесе, эгерде конституциялык реформа убагында өтсө, мындан да жакшы натыйжалар болот. Анткени ушул жылдын 4 айын карасаңар, ички дүң продукттун өсүшү 109% көбүрөөк болуп турат.

Экономикалык форумда сырттан тикелей келчү инвестицияга кызыкдар Кыргызстан коррупцияга чындап күрөш ачуусу керектиги тууралуу арбын айтылды. Энергетика тармагындагы реформалар кийинки кездери кыйла жайлап калганы белгиленди. Ага жооп кылып өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев июнь айында парламент “Камбарата” ГЭСтеринин курулушуна жол ача турган мыйзам долбоорун кабыл аларын, андан соң газ куурларын, жогорку чыңалуудагы электр линияларын куруп, электр энергиясын Ооганстан менен Пакистанга сатуу мүмкүнчүлүгү ачыла тургандыгын маалымдады.

Каадалуу жыйындарда кыйла эле демдүү сөздөр, батыл милдеттер тууралуу узун-узун сөз болгону менен анын көбү кагазда гана каларына президент К.Бакиев басым жасады.

- Анын бир себеби коюлган милдеттерди ишке ашыруу кандай жүрүп жатканын көзөмөл кылчу механизмдин жоктугу,- деп белгиледи мамлекет башчы.

Бишкектеги экономикалык форум бүгүн да ишин улантат.

“КЫРГЫЗПОЛИГРАФКОМБИНАТ” АКЦИОНЕРДИК КООМУНУН ТАГДЫРЫ ДАГЫ АРАСАТ

“Кыргызполиграфкомбинаты” өлкөдөгү эң ири китеп басма ишканасы. Жыл кур эмес комбинаттын кымбатбаа жабдууларын тартып алуу, ишкананы банкротко жеткирүүнүн аркыл айла-амалдары жасалып келатат. Акционерлердин бул жылкы жыйыны эки жума мурдараак өткөнү менен эмдигиче комбинатттын жетекчиси дайындала элек. Ал аз келгенсип эки-үч күндөн бери ишканага электр энергиясы өчүрүлүп, суу токтотулган.

Тургунбек Суванбердиев атындагы “Кыргызполиграфкомбинат” акционердик коому 1998-жылы өз алдынчалыкка жетишип, 2003-жылы өкмөт токтому менен Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшү үчүн өзгөчө керектүү, экономикалык коопсуздугун коргоого өбөлгө түзчү стратегиялык маанилүү ишканалар тизмесине киргизилген. Ансыз да кыргыз өкмөтү комбинатттын 72% акциясына ээлик кылат. Өткөн жылы да кыйла ары-сүр, бери-сүр талаш болуп, акционерлер жыйыны комбинатка жетекчиликке Кубанычбек Абдылдаевди дайындаган. Бир жылга жете бербеген убакта кандай иштер жасалганын комбинат жетекчисинин орунбасары Кадырбек Ибраимов момундайча баяндайт.

- Бул башкы директор полиграфист өзү, мен экономистмин. Анан ал мага айтты:”Кадыр, келип жардам берчи, бул комбинаттын ичинде “каша” болуп атат” деп. Келсек, документация бүт туура эмес, мурунку директор соттолуп атыптыр. Эски бухгалтeри болсо 4 айга ооруканага жатып алыптыр. Анан биз жаңы команданы алып келдик, жаңы бухгалтерди алып келдик. Мен Эсеп палатасын чакырдым. Финансы полициясын, прокуратураны чакырдым, “мына буларды текшергиле”, дедим.

“Бечелден жөтөл кетпейт болуп” кайсы себеп-жагдайлардын натыйжасында комбинаттын жыл кур эмес талаштардын төөбастысында калуусунун чоо-жайын басма ишин техникалык стандартташтыруу комитетинин жетекчиси Жаңыл Шайыкбекова Кыргызстандагы жападан-жалгыз германиялык жабдууга байланыштырат.

- Талашып атышканы эле мукаба жасай турган мукаба цехиндеги “Колбус” деген немис жабдуусу. Андай жабдуу азыр эч кимде жок.

Кыргызстанда китеп басмасынын мурдагы, азыркы абалын мыкты билген мурдагы басма, китеп соода иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Сапарбек Бирназаров да ушул эле ойду бекемдейт.

- Катуу тыш менен атайын чыгара турган, аны бекем пресстеп, бүктөп, иретке сала турган ушул эле полиграфкомбинат.

Кыргызстанда жок кымбатбаа полиграфиялык жабдууга ээ ишкана олчойгон үстөк пайызы менен кредитке акча алып тиешелүү мүлктөрүнүн дээрлик баарын банктарга күрөөгө койгон. “Кыргызполиграфкомбинат” акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Асейин Аракеевдин айтуусунда, ишкана өткөн жылдан бери аз-аздан жандана баштаган. Ал эми ишкананын азыркы жетечиси Кубанычбек Абдылдаевди ордуна калтыруу же башка жетекчини дайындоо директорлор кеңешинин эркиндеги иш. Азырынча кеңеш мүчөлөрү төрагасын да шайлаша элек.

- Биз эми Директорлор кеңешинин төрагасын шайлашыбыз керек. Кеңештин катчысын кайра шайлашыбыз керек. Ошону менен маселе чечилиши зарыл. Эмки жумада буга толук чекит коюлат,- дейт А.Аракеев.

Комбинаттын жетекчиси Кубанычбек Абдылдаев болсо маселенин эмнеликтен маалында чечилбегенине түшүнбөй аткандыгын жашырган жок.

- 18-майда мен отчет бердим. 11 айда эмне иш жасаганымды айттым. Менин отчетум кабыл алынды, сын айтылган жок. Кайра өздөрү макташты. “Жакшы иштеди, бул бала дагы иштеши керек, жылдыра баштады”, дешти. Эми алар жылбай өз ордуларында эле калышты. Анан менин маселеме келгенде токтоп калып атышпайбы.

“Кыргызполиграфкомбинат” акционердик коомун “Учкун” акционердик коомуна кошуу, гезит-журнал, китеп чыгаруу ишин бир колго топтоо демилгеси мындан 3 – 4 жыл илгери эле көтөрүлгөн. Эмгек жамаатынын көжөлгөн каршылыгы, Жогорку Кеңештин кийлигишүүсү менен ал демилге суу кечпей калган. Ушу тапта ишкананын мурдагы жетекчилигинин тушунда жасалып кеткен мыйзамсыз иштер тергелүүдө. Ал эми жаңы жетекчилик кызматында калар-калары да арсар. Акционерлердин отчеттук жыйыны өткөнүнө эки апта толуп баратат, бирок да жыйынтыгы жок. Ортодо эмгек жамаатынын мүчөлөрү эле кыйналууда.

ЖАЛАЛАБАТ: ЖУМУШСУЗДАРДЫН САНЫ ӨСҮП ЖАТАТ

Обулуста жумушсуз деп расмий таанылган адамдардын саны былтыркыдан 2 миң адамга көбөйдү. Жумуштуулук жана миграция боюнча облустук комитет жумушсуздардын көбөйгөн себебин алардын кайрылуусунун көптүгү менен түшүндүрсө, коомчулуктун пикири боюнча облуста турмуштун начардыгы, жашоонун оордугу менен түшүндүрүшөт.

Облуста жумушсуз деп расмий түрдө 22028 адам таанылды. Бул көрсөткүч иши жоктор былтыркыдан эки миңден ашык адамга көбөйгөнүн ырастайт. Калкты жумуш менен камсыз кылуу жана миграция боюнча комитет жумушсуздардын көбөйгөнүн район-шаарлардагы тармактык уюмдардын жан үрөп иштегени жана аларга кайрылган адамдардын көп болгондугу менен түшүндүрдү.

Облуста жыл башынан бери жумуш издеп кайрылган алты миңден ашык адамдын 3700 иш менен камсыз болгон. Иши жокторго жөлөк пул берүү, башка кесип тандап алуусу үчүн окутуу, коомдук жумуш менен камсыз кылуу иш-чаралары жасалганы менен жумушсуздардын көбү жумуштуулук комитети сунуш кылган иш-жайларына баруудан баш тартышат.

Анткени, ал жерлердеги айлык менен жан багуу мүмкүн эмес. Иш берүүчүлөр комитет жиберген жумушсуздарды ишке кабыл ала бербейт. Башка өлкөлөргө иш издеп кеткендердин саны 38 миң адамдан ашты, дейт жумуштуулук комитетинин бөлүм башчысы Нарынбек Токтомуратов:

- Баш тартып калган учурлар да болот. Маяна акысы аз болгондуктан биз сунуштаган жумуштарга кээ бири барбай коюп атат.

Бирок, коомчулуктун пикири боюнча облуста жумушсуздардын саны расмий катталган кишилерден 2-3 эсе көп болушу ыктымал. Анткени, турмуштун начардыгы менен иштеп тапкан маянасы мандай жылытпагандыктан башка өлкөлөргө жумуш издеп бараткандардын агымы али токтоочудай эмес.

Ноокен районундагы Ноокен айылынын тургуну Курманбү Мазарипованын бир туугандары Орусияда, Бишкек менен көл кылаасында иштешет. Анын айтымында жер менен жан багууга мүмкүн болбой калды. Ал жашаган айылдын ар бир үй-бүлөсүндө сырт жакка иштеп кеткендер бар. Айыл кыштактарда кары-картаң, колунан иш келбегендер калып жатат. Мамлекеттин эртеңки коопсуздугун ойлогон адам жок дейт ал:

- Бир туугандарымдын ону Кыргызстан чет жерлеринде, Казактсанда, Орусияда иштеп жүрүшөт. Айылда ар бир үй-бүлөдөн жаш уландар чет жакта жүрөт. Иш болсо бардыгыбыз өзүбүздүн Кыргызстанда иштемекбиз. Мен да базарда соода кылам.


Облуста карапайым жарандар гана эмес, атайын жана жогорку билим алган жаш адистерге да жумуш табуу кыйын. Жалалабат университетинин бүтүрүүчүсү Абдилазиз Сатаров 2-3 дипломдуу адамдар да иш табалбагандыктан башка жактарга кетүүгө аргасыз болгондугун жана облустагы айлык менен жашоого мүмкүн эместигин, жумушка орношуу үчүн пара берүү керектигин айтты:

- Бир эмес үч дипломдон бар жаштар Орусияга барып жүк ташыгыч болуп иштеп атат. Азыркы күндө бардыгы эле ачык айтат мынча акча берсең алабыз, болбосо жок деп. Ала турган жерлер бар, бирок айлык аз, - деди Абдилазиз Сатаров.

МАЙЫП СПОРТЧУЛАР КАМКОРДУККА МУКТАЖ

Бүгүн 1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнү Бишкекте майып балдардын жеңил атлетика, майыптык араба менен жарышуу, футбол жана атайын дзю-до боюнча мелдештери өткөрүлөт. Май айынын акырында Бухарада өткөн атайын оюндарда кыргызстандык майып спортчулар 3 алтын, 2 күмүш, 3 коло байге утуп келишкен.

Бухарадагы атайын оюндарга Борбор Азия жана Европанын Польша, Түркия, Орусия мамлекеттеринин 8 жаштан жогору акыл-эси тубаса кем төрөлгөн бир жарым миңдей улан- кыздары катышты. Каражаттын тартыштыгынан Кыргызстандан эки бала, эки кыз жеңил атлетикалык жарыштарда мөрөй талашты.

Кыргызстандык Самат Булаев Бухарадагы атайын оюндарынын чемпиону аталып, бир алтын, бир күмүш жана бир коло байгелүү болуп келди. Эми Шанхайда күзүндө өтө турган дүйнөлүк атайын оюндарга даярдык көрүп жатканын, анда дагы байгелүү орунга аракет кылаарын Самат Булаев айтып берди.

Аты, жөнүн ата-энеси атабоону өтүнгөн кыргызстандык жигит Бухарадагы жеңил атлетикалык жарыштарда эки алтын медаль утуп алды.

Он төрт жаштагы Чолпонбек кызы Асел узундукка секирүүдө экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды. Ошондой эле кыздардын жарышында Асел марага үчүнчү болуп келип коло байгенин ээси болду.

Жеңил атлетикалык мелдештерде бишкектик Света Некрасова 1 күмүш, 1 коло медаль утуп алды.

Атайын оюндарда мөрөй алып келген Чолпонбек кызы Асел Бухара шаарын көрүп, жакшы таасир алып, жаңы достор күтүп келгенин айтып берди.

Өлкөнүн “атайын олимпк” уюмунун жетекчиси Канат Мамбеталиевдин айтымында быйыл 29- сентябрдан 13-октябрга чейин Кытайдын Шанхай шаарында өтө турган дүйнөлүк атайын оюндарга Кыргызстан үчүн 12 майып спортчуга жолдомо берилип, даярдык көрүшүүдө. Шанхайдагы дүйнөлүк атайын оюндар спорттун 23 түрү боюнча болсо, кыргызстандыктар 4 түрүнөн мөрөй талашууга ниет кылышууда.

Кыргызстанда мындай акыл-эси тубаса кем төрөлгөн балдардын ден соолугуна көңүл бурулганы менен аларды спортко тартуу иши көз жаздымда калып келген. Мындай жаштар үчүн атайын спорт жайлары, имараттар жокко эссе. Балдар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн билген спорт адистери да табылбайт.

Атайын олимпк спорт мектеби уюштурулса, анын бөлүмдөрү аймактарда түзүлсө, 100 миңге жакын балдардын катарынан шыктуулары спорттун түрлөрү менен машыгуусуна өбөлгө болмок. Мындай балдар өкмөттүк деңгээлде камкордукка муктаж экенин, айрым ата- энелер куру намыстануу менен балдарына көңүл бурбай жатканын Канат Мамбеталиев кошумчалады.

-Бул мезгил талабы. Кыргызстанды эл аралык аренага тааныта турган балдар бар. Аларга шарт түзүп, камкордукка алуу гана зарыл. Мурдакы атайын оюндарга бизден 1-2 спортчу гана барса, быйыл Шанхай атайын оюндарына 12 спортчуну жиберүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Акыл-эси тубаса кем төрөлгөн балдардын жана майыптардын атайын спорт мектебин уюштуруу демилгеси көтөрүлгөн менен каражат маселеси чечилбей турганын Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Бообек Кадыркулов айтып, өлкөнүн аймактарында мындай балдарга көңүл бурулбай жатканын өкүнүү менен белгиледи.

Акыл-эси тубаса кем төрөлгөн балдарды социалдык жактан коргоо боюнча марафондор өткөрүлүп жүрөт. Анда чогулган каражаттын бир үлүшүн атайын спортчуларды колдоого жумшаса, алар спорт менен ден соолугун чыңдап, келечекке болгон ишеним отун жандырат эле.

Соопчулук, демөөрчүлүк жагын өлкөгө белгилүү ишкерлер да колго алып, коомчулук да мындай балдарга көңүл бурса дешет «атайын олимпк» уюмунун адистери. Кыргызстанда мындай 23 мектеп, окуу жай, калыбына келтирүүчү борбор иш алып барууда. Спорттун алты түрү боюнча беш минге чукул майып балдар машыгууда.

Былтыр күзүндө Римде өткөн атайын оюндарга 55 өлкөнүн бир катары Кыргызстандан 4 майып спортчу катышып, 2 күмүш жана 2 коло медаль утуп келишкен.

АМЕРИКАЛЫК СҮРӨТЧҮ ШТЕФАН ЕЙНСТИН КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТҮҮДӨ

Көргөзмөдө сүрөтчүнүн консептуалдык заманбап багытта тартылган сүрөттөрү коюлган. Тактап айтканда жука тактай бетине боектор түшүрүлгөн. Бул эмгектерин сүрөтчү Бишкекте жараткан.

-Мен түрдүү темада сүрөттөрдү жаратам. Анын ичинде тынчтык темасына көп кайрылам. Бул жерде коюлган сүрөттөрдү мен ушул музейден тарттым. Анткени мындай чоң көлөмдөгү иштерди алып келүүгө мүмкүнчүлүк жок. Андыктан Нью-Йорктон идея менен келип, аны бул жактан тактай бетине түшүрдүм. Көпчүлүк көрармандар мындай сүрөттөргө анча түшүнө беришбейт.

Штефан Ейнс белгилегендей эле, көргөзмөгө келген көрөрмандардын көпчүлүгү сүрөттөрдү карап эле чыгып кетип жатышты. Алардын бири Александр мырза алыстан келген сүрөтчүнүн көргөзмөсүнө атайын келгендигин, бирок анын эмгектеринин бирөөсүнө да түшүнө албай тургандыгын айтты.

-Мен тез-тезден иш сапарда жүрүп, көптөгөн музейлерде болгом. Бирок мындай сүрөттөрдү көргөн эмесмин. Өзүм башка эле тармакта эмгектенсем да бош убактымда дайыма сүрөт тартуу менен алектенем, андыктан бул өнөргө кызыккандыктан көргөзмөлөрдү калтырбайм. Ал эми бул көргөзмө мен үчүн такыр түшүнүксүз эле болуп калды.

Чынында эле мындай көргөзмөлөр музейде сейрек уюштурулат. Андыктан көрармандар үчүн жана сүрөтчүлөр үчүн пайдалуу дейт Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинин жетекчиси Майрам Юсупова.

Мындай багыттагы сүрөт өнөрү менен алектенген кыргыз сүрөтчүлөрү да жок эмес. Алардын бири Шаарбек Аманкул. Анын айтымында концептуалдык багыттагы сүрөттөрдү жаратууда биринчиден реалисттик сүрөт өнөрүнө керектелген каражаттар колдонулбайт, экинчиден мындай сүрөттөр оңой менен сатылбайт.

Америкалык сүрөтчү Штефан Ейнс мындай көргөзмөлөрүн Австрияда, Туркияда уюштурган. Ал эми былтыр 2006-жылы Ош шаарында Европа, Борбор Азия өлкөлөрүнүн сүрөтчүлөрү менен бирге жумушсуздук темасындагы сүрөттөрүн көрүүчүлөрдүн сынына койгон. Эми 6-июлда Ошто Шаарбек Аманкул менен бирдикте “Глобалдык замандаш” аттуу көргөзмө уюштурууну ниет кылууда.

Айжан Шаботоева, Бишкек

1-ИЮНЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

1924-жылдын 1-июнундагы статистикалык маалыматка караганда, Пишпек, уездинде 326 мугалим иштеген. 1964-жылдын 1-июнунан тарта борбор шаардын пассажирлерин ташуу графиги такталган.

Таанымал саякатчы Ч. Ч. Валиханов 1856-жылдын 1-июнунда Жыргалаңда орун алган бугу манабы Боромбайдын айлына барган. Саякатчыны манаптын уулу Кылыч тосуп алган жана ага урмат-сый мамиле көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу Ч. Ч. Валиханов кыргыздардын конок тосуу каадасы, салт-санаасы жана өлүк кою ырасими туурасында кең-кесири кабар берет.

РСФСР Элдик комиссарлар совети 1918-жылдын бу күнү нанга монополия киргизген жана нан продукциясына туруктуу баа кабыл алган. Анын негизги максаты, жер-жерлерде, анын ичинде Кыргызстанды каптаган нан тартыштыгы жана көпөстөрдүн нандан жасаган кызыл кулактыгына каршы күрөшүү чарасы эсептелинген.

Түркстан Коммунисттик партиясынын III съезди 1919-жылдын бу күнү ишин баштады.

Статистикалык маалыматка караганда, 1924-жылдын 1-июнунда Пишпек уездинде 326 мугалим иштеген жана алардын 199-кыргыз, 127-орус улутунун өкүлдөрү болушкан. Аталган мугалимдердин 9 жогорку билимдүү, 97 орто билими бар, калгандары болсо атайын кесиптик даярдыктан өтүшкөн.

Ушул жылдын бу күнкү статистикасына ылайык, Пишпек, Каракол жана Нарын уездеринде 627 мугалим иштесе, алардын 447си кыргыз калкынын өкүлдөрү болушкан.

Чехославакия элинин баатыры Юлиус Фучик 1930-жылдын 1-июнунда Фрунзе шаарына келген.

Мурдагы Краснооктябрская менен Кирова, азыркы Тыныстанов жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кыргызторг мекемесинде орун алган үлгүлүү-көрсөтмөдөгү бакалейлик-гастрономия дүкөнү 1935-жылдын бу күнү кардарларга эшигин ачты. Дүкөнгө маани берилип, айырмаланышынын өзгөчөлүгү анда иштеген сатуучулар Москва шаарынан тандалып алынган. Мындан улам эл аны «Серая бакалея» деп аташкан.

Фрунзе шаардык кеңеши 1964-жылдын 1-июнунан тарта борбор шаардын пассажирлерин ташууну жөнгө салуу максатында завод, фабрикалардын жана мекемелердин иш графиги тактаган. Натыйжасында, завод, фабрикалар-7 жана 7 саат 30 минутада; курулуш уюмдары-саат 8де; Илимдер Академиясынын институттары-8 саат 30 минутада; ЖОЖ жана техникумдар-саат 8 жана 8 саат 30 минутада;Министрдик жана жетекчи уюмдарда- жумуш күнү саат 9да баштала тургандыгы белгиленген.

Президент Аскар Акаев 1994-жылдын бу күнү Брюсселдеги НАТОнун штаб-квартирасында Кыргызстандын «Тынчтык үчүн кызматташуу» программасына киргендигин күбөлөндүргөн келишимге кол койду. Ошентип, Кыргызстан Шериктеш малекеттер арасынан НАТО программасына тартылган бешинчи өлкө болуп калды.

АКШнын КОРГОО МИНИСТРИ БИШКЕККЕ КЕЛАТАТ

АКШнын Кыргызстандагы аба-аскерий базасына байланышкан макулдашуу келерки аптанын башында АКШнын коргоо министри Роберт Гейтстин катышуусунда Бишкекте талкууланаары күтүлүүдө. Бул аралыкта америкалык аскер базасын чыгарууну жактаган коомдук кыймылдын өкүлдөрү американын коргоо министринин сапарын утурлап ишембиде АКШ элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүүгө камынууда.

"Манас" аба майданында жайгашкан антитеррордук аба-аскерий күчтөрүн Кыргызстандын аймагынан чыгарып кетүүнү талап кылган билдирүүлөр өткөн аптадан бери кайрадан жанданып, буга Жогорку Кеңештин депутаттарынан тартып, айрым саясаий партияларга, коомдук уюмдарга чейин үн кошуп жатышат. Ушул айдын башында координациялык кеңеш деген ат менен жаңы түзулгөн коомдук кыймыл ушул максатта ишемби күнү нааразылык акциясын өткөрүүгө кам көрүп жатат. Мындай аракеттерди жактабаган коомдук-саясий ишмерлер демилгени Орусияга жагынуу максатын көздөгөн өнөктүк катары баалап жатышат. Алар база Кыргызстанга олуттуу киреше алып келип жатканын эскертишүүдө. Кыймылдын башчысы Александр Типеров мындай көз карашты төгүндөгөн билдирүү жасады:

- Биз оюбузда бекем турабыз. Дароо айтып коеюн, биздин артыбызда эч ким турган жок. Биз куурчак эмеспиз, биз сергек ойлонгон патриоттук маанайдагы жарандарбыз. Биздин оюбузду Алишер Сабиров, Искак Масалиев сыяктуу саясатчылар бөлүшөт. Мен дагы биздин пикирлерибиз дал келген көптөгөн саясатчылардын атын атай алам.

Коммунисттер партиясынын лидери Искак Масалиев, «Содружество» партиясынын лидерлеринин бири Алишер Сабиров өңдүү саясатчылар америкалык база өз милдетин өтөп бүткөндүгүн белгилешип, Иран менен АКШнын мамилеси бузулуп турган азыркы шартта Кыргызстан үчүн кооптуу жагдай түзүлүп жатат деген кооптонууларын билдиришүүдө.

Парламенттин беш комитетинин бириккен жыйынында бул маселени чукул чечүү өкмөткө сунушталган.
Бул жагынан президенттин саясатына ыктаган партиялардын бири «Эркиндик» саясий партиясы демилгеге тилектеш эмес экенин билдирип, Кыргызстан тышкы саясатында олуттуу ката кетирерин белгиледи.

- Азыр Орусия империясындагы Путин баштаган «ястребдер» биз борбордук Азияны колдон чыгарып койдук, ошолорду кайрадан колго алабыз деп айтып атышпайбы. Анде эртең-бүрсүгүн биз кайрадан Москва менен Пекиндин тузагына түшүп беребизби?-дейт Партия лидери Топчубек Тургуналиев.

Эгер бийлик аскерий базаны чыгаруу зарыл деп эсептесе, анда Кыргызстан ЕККУнун жана ШКУнун мүчөсү катары Орусияга да, Америкага да бирдей мамиле жасашы керек:

- Менин билишимче, америкалыктар жер салыгын төлөп жатат. Ал эми Канттагы авиабаза үчүн менин билишимче жер салыгы төлөнө элек. Мында да биздин мамлекеттин бир жактама туура эмес мамилеси бар. Анда эмне үчүн Канттагы база үчүн Орусия империясы төлобөй жатат? Мен айтып атам Орусия болобу, Кытай болобу, Америка болобу, бирдей мамиледе болсун деп атам.

Анткен менен расмий бийлик бул багытта өзүнүн так кесе көз карашын билдире элек. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Камчыбек Курбаналиевдин айтымында, бул маселени Кыргызстан тарап президенттин тапшырмасы менен түзүлгөн топ талкуулап жатат:

- Келишим бар. Келишим эл аралык болгондон кийин кичине кыйынчылык жактары бар. Ошон үчүн бизде топ элдин сөзүн таразага тартып, анан биринчи кезекте экология жагын эске алып жатабыз. Экинчиден, албетте, жаныбызда кошуналарды эске алышыбыз керек.

Курбаналиевдин айтымында, аба-аскерий базага байланышкан маселени тараптар келерки аптанын башында Бишкекте АКШнын мамлекеттик катчысы Роберт Гейтстин катышуусунда талкуулаганы жатат. АКШ коргоо министри Бишкекке дүйшөмбү күнү келери болжолдонууда.

БИШКЕК ДОНОРЛОР МЕНЕН КЕҢЕШ КУРУУДА

Бүгүн Бишкекте «Кыргыз Республикасы: Өнүгүү форуму» деп аталган жыйын башталды. Ага Кыргызстан жетекчилиги жана донор мамлекеттердин, эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү катышууда. Эки күнгө созула турган жыйында Кыргызстандын экономикалык саясаты, донор өлкөлөрдүн бул багытта салымы талкууланат.

Донорлордун мындай форуму буга чейин 2004-жылы, анда да Хаят мейманканасында болгон. Бүгүн башталган жыйынга президент Курманбек Бакиев, өкмөт башчы Алмаз Атамбаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышып сөз сүйлөдү. Эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү да Кыргызстандын экономикалык абалы жана өнүгүү келечегине карай өз пикирлерин ортого салды. Жыйынды ачууда сөз сүйлөгөн өкмөт башчы Кыргызстан донорлордун жардамы менен бир кыйла жетишкендиктерге ээ болгонун белгилеп, азыркы кездеги негизги проблема катары тышкы карызды атады:

-Бизде бир топ проблемалар бар. Алардын эң негизгиси мурунку убакта топтолгон чоң тышкы карыз болуп турат.

Президент Курманбек Бакиев форумда 2007-жылдан 2010-жылга чейнки өлкөнүн өнүгүү стратегиясы жөнүндө айтып берди. Стратегияны турмушка ашыруу мезгилинде жакырчылык 41%дан 30%га төмөндөтүү, бул үчүн экономиканы жыл сайын 8-9% өстүрүү каралууда. Бул максатты турмушка ашыруу үчүн төрт багытта иш жүрөөрүн президент өз сөзүндө белгиледи:

-Мамлекет төрт багытта иш жүргүзөт. Биринчиси, экономикалык потенциалды күчөтүү, экинчи, коррупцияга каршы күрөш, үчүнчү, адамды өнүктүрүү жана социалдык колдоо, төртүнчү экологиялык туруктуулукту сактоо.

Мамлекет башчысы экономиканын быйылкы жылдын төрт айында Кумтөрсүз 11.1%, Кумтөр менен 9.1% өсүшү 8-9% өсүштү камсыздоо талабы реалдуу экенин белгиледи.

Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча регионалдык директкору Аннет Диксон, донорлор Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын негизинде жардам көрсөтүп, тышкы карызды жеңилдетүүнүн үстүнөн иштээрин билдирди.

Ал эми эла аралык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлү Пол Нойхауз Кыргызстандагы проблемаларга токтолуп, буларды белгиледи:

-Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекеттердин экономикасы үчүн сырткы рынокко иштөө өтө маанилүү.Албетте андан сырткары ишкерликти өнүктүрүү, коррупцияга каршы күрөш керек. Кыргызстандагы проблема катары энергетика тармагындагы абалдын оорлошу, пенсияга чыгуу жашынын төмөндөшү менен социалдык фонддун абалынын келечекте начарлашы турат.

Жыйында каржы министри Акылбек Жапаров 2007-жылдан баштап 2010-жылга чейин өлкөнүн өнүгүү стратегиясы жана анын турмушка ашыруунун жолдору тууралуу кенен маалымат берди. Акылбек Жапаровдун айтымында, азыркы стратегиянын мурункулардан негизги айырмачылыгы-бул экономикалык потенциалдык өнүктүрүүнү алдыга коюп жатканында. Буга чейин мамлекет социалдык багытты биринчи орунга коюп, экономика экинчи планда калып келген.

Бирок экономиканы өнүктүрмөйүнчө социалдык маселелерди натыйжалуу чечүү мүмкүн эмес, деп белгиледи Жапаров.Форумга өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү да катышты. Алардын бири,«Эл аралык толеранттуулук үчүн» фонддун лидери Рая Кадырова өкмөттүн Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын сынга алып, аны «өлбөстүн күнүн көрүү» катары баалады.

Эл аралык донорлордун катышуусу менен өтүп жаткан форум бүгүн бирдиктүү билдирүү кабыл алуу менен соңуна чыгат. Бирок 1-июнда форум экономикалык конференция менен уланат.

ОТУЗ АДЫРДАН ОЗУНУП ОСМОНАЛЫ АТТОКУРОВ ДЕПУТАТТЫККА КЕЛАТАТ

Бүгүн Жогорку сот Отузадыр шайлоо чөлкөмү боюнча депутаттыкка талапкер Равшанбек Сабировдун арызын карап, Карасуу райондук сотунун 22-майдагы чечимин күчүндө калтырды. Анда сот талапкер Равшанбек Сабировдун арызын канааттандырган эмес эле. Буга байланыштуу Р.Сабировдун 50гө чукул жактоочулары Жогорку соттун алдында нааразычылык акциясын өткөрдү. Алардын айтымында шайлоо учурунда бир канча участкаларда одоно түрдө мыйзам бузуулар болуп өткөн. Бирок, шайлоодо 400 чамалуу добуш менен алдыга чыккан талапкер Осмоналы Аттокуров, мындай билдирүүлөрдү четке кагып келет.

Жогорку соттун бүгүнкү чечиминен кийин Отузадыр шайлоо чөлкөмү боюнча ким депутат боло тургандыгы аныкталып калды. Ал көпчүлүктүн добушуна ээ болгон талапкер Осмоналы Аттокуров. Бул округ боюнча шайлоодо экинчи айлампага Равшанбек Сабиров менен Осмоналы Аттокуров чыгып, кайра шайлоого келгенде О.Аттокуров 471 добуш менен алдыга чыккан. Бирок, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон Р.Сабиров Карасуу райондук сотуна арыз менен кайрылып, сот анын арызын канааттандырган эмес эле. Эми анын арызын Жогорку сот да канаатандырбай, Карасуу райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Буга байланыштуу Жогорку соттун алдына келишкен Р.Сабировдун 50 чамалуу тарапкерлери соттун чечимине нааразы болушту. Колдоруна “Сабиров элдик депутат!”, “Сот акыйкат чечим чыгарсын!”, деген сыяктуу жазууларды көтөргөн адамдар соттун чечиминен соң таркап кетишти.

Айрымдар бул жолу депутат болуу бактысынан ажырап баратканына арданган Р.Сабиров Карасуулук бир топ адамды акчага сатып келип, Жогорку соттун алдында нааразычылык иш-чарага чыгарды дешти. Бирок, акциянын катышуучулары өз каражаттары менен келишкенин, Р.Сабиров эч кандай акча бербегенин, Отузадырдан жалпы үч жүзгө чукул адам нааразычылык билдирип келгенин айтышты.

Чөлкөмдөгү шайлоо процессине көз салышкан байкоочулардын айтымында, шайлоо жалпысынан мыйзам бузууларсыз өткөн. Шайлоо жыйынтыгында алдыга чыккан О.Аттокуровдун өзү болсо, атаандашынын айыптоолорун негизсиз деп эсептейт. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жылдыз Жолдошева да бул шайлоо чөлкөмүндө эч кандай мыйзам бузуулар байкалбаганын ырастоодо. Анын айтымында эми БШК бул чөлкөм боюнча алдыга чыккан талапкерди депутат катары мыйзамдаштыруусу керек:

Борбордук шайлоо комиссиясынын бул шайлоо чөлкөмү боюнча мындан аркы кадамын аталган мекеменин маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Нина Мухина мындайча түшүндүрдү:

- Жогорку сот арызды четке какты. Демек, О.Аттокуров тандалган талапкер. Эми мындан аркы кадам мындай. Борбордук шайлоо комиссиясы бул талапкерди карап чыгып, каттап, анан маалымат каражаттарына анын депутат болгонун жарыялайт. Андан соң ага мандат берилип, депутаттык төш белги тапшырылат.

“ДОРДОЙ- ДИНАМО” АЗИЯ КУБОГУН САКТАП КАЛАБЫ?

Бүгүн 31- майда Швейцариянын Цюрик шаарында Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) 57-Конгресси башталды. Ага Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиев баштаган делегация да катышууда. Ал эми Азиянын Футбол боюнча континенталдык федерациясынын Президентинин кубогуна арналган турнир Пакистанда май айынын аягында болмок, бирок бул өлкөдөгү саясый кырдаалга байланыштуу башка мамлекетте, кийинки белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Азиянын футболдук континенталдык федерациясы өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн арасында бул оюнду жайылтуу максатында 8 команданын ортосунда мелдеш өткөрүүнү салтка айлантуу аракетинде эле. Бул турнирдин алгачкы жеңүүчүсү Тажикстандын чемпиону «Регар» командасы болгон. Ал эми былтыр Кыргыз футболунун тарыхында биринчи жолу Азиянын Футболдук континенталдык федерациясынын Президентинин кубогун Нарындын “Дордой-Динамо” командасы утуп, футбол күйөрмандарын кубанычка бөлөгөн.

Быйылкы таймашуу Пакистандын Лахор шаарында 18-майда башталып, “В” тобунда “Дордойдун” футболчулары биринчи беттешүүнү Камбоджа өлкөсүнүн чемпиону “Кхемара” командасы менен өткөрмөк. Андан кийинки атаандаштары Непалдын жана Кытайдын Тайпей өлкөлөрүнүн чемпиондору болмок.

“Дордой” футбол клубунун вице- президенти Улугбек Салымбековдун айтымында тилекке каршы Пакистандагы саясый кырдаалга байланыштуу Азия кубогу кийинки белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
“Дордойчулардын” негизги атаандашы Тажикстандын чемпиону “Регар” командасы “А” тобунда Бутан, Пакистан жана Шри-Ланка мамлекеттеринин чемпиондору менен күч сынашмак болгон.

Былтыр биринчи оюнда Кыргызстандын чемпиону Нарындын "Дордой-Динамо" командасы өз тобунда – Тажикстандын чемпиону «Вахш» командасына 3:0 эсебинде утулган. Бирок кийинки атаандаштарын уткандыктан финалда кайрадан беттешип, намысты колдон чыгарбай жеңишке жетишкен.

Кыргызстанга эмгек синирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде Нарындын «Дордой- Динамо» командасынын деңгээли ортозаар, Кыргызстанда футболго өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай келүүдө. Ошондуктан быйыл Азия кубогун колдон чыгарып жиберүүсү ыктымал” дейт Бообек Кадыркулов.

- Күчтүү командалар Сауд Арабия, Корея, Жапан, Иран өлкөлөрүнүн футболчулары бул мелдешке катышпайт. Бул начар командалардын арасындагы мелдеш. Кийинки 14-15 жылдан бери Кыргызстанда футболдун деңгээли төмөндөп, айылдык, райондук командалардын таймашуусу болуп калган. Ушул турнирде атаандаштарын утуп алдыга чыкпаса, анда уят иш болот. Эми кыргызстандык жигиттер финалда тажиктерге дагы утулуп калышы да ыктымал. Себеби алардын даярдыгы, чеберчилиги жогору.

Азия футбол континенталдык федерациясынын президентинин Кубогуна арналган мелдешти Тажикстан өткөрүүгө ниет кылып жатканын, жайдын аптабында Азиянын ысык өлкөлөрүндө футбол мелдешин өткөрүүгө мүмкүн эместигин, ошентсе да Азия кубогун сактап калууга даярдык көрүп жатышканын команданын жетекчиси Рысбек Мааткабылов айтты:

- Команданын катарын негизинен жаштар түзүп жатышат. Чынында Пакистанда Азия Кубогу болот деген үмүт менен Кипрде машыгуу өткөрүп, жакшы даярданган элек «Дордой- Динамо» командабыздын негизги кемчилиги биздин жигиттердин коргонуу аймагынын начардыгы болчу, аны дагы жойгонго аракет кылдык. Ошондуктан күчтүү машыгууну уюштурган элек. Балким финалга кайрадан тажиктер менен чыгып калышыбыз да ыктымал.

Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун жеңүүчүсү Нарындын «Дордой- Динамо» командасына былтыр 50 миң америка доллары жана Күмүш кубок ыйгарылган. Ал эми экинчи орунду камсыз кылган командага 25 миң доллар байге берилип жүрөт.

Бул Азиялык футбол таймашына Камбоджа, Бутан, Тайпей, Шри-Ланка, Непал, Тажикстан жана Кыргызстандын чемпиондору катышып келүүдө.
Эми Азия футбол федерациясынын президентинин Кубогу кайсыл өлкөдө жана качан болоору азырынча аныктала элек.

Футбол боюнча Кыргызстандын 16-чемпионатынын таймашуулары улантылып жатат. Жогорку Лигадан өлкөнүн экс-чемпиону Карасуунун “Жаштык-Акалтын” командасы чыгып кетти. Учурда 9 команда ойноп, 4 беттешүүдөн кийин Бишкектин “Авиатор” командасы алдыга чыкты. Нарындын “Дордой-Динамосу” үч оюнда 7 упай топтоого жетишип, экинчи катарда турат.

ТАЙЫРБЕК САРПАШЕВ: СҮТКӨ ООЗУ КҮЙГӨН АЙРАНДЫ ҮЙЛӨП ИЧЕТ БОЛУП АТАБЫЗ

“Камбарата” ГЭСтерин курууга жол ачат делген мыйзам долбоорду кароого парламент бир топ убакыттан бери кирише албай турат. Маселе өткөн аптада талкууланып, бирок Жогорку Кеңеш энергетика тармагында терс натыйжалар менен аяктаган буга чейинки реформалар боюнча өкмөт отчетун угууга өтүп кеткен эле. Мындан үч күн мурдагы жыйында айрым депутаттар бул маселени күзгө калтырууну сунуштаса, өкмөт жана парламенттин тийиштүү комитети кийинки жумадан баштап кароону жактады. Жогорку Кеңештин төрага орун басары Тайырбек Сарпашев ушул маселе боюнча “Азаттык” менен ой-пикир алышты.

- Оболу тактап коелу сиз жаңы ГЭСтерди курууга тезирээк жол ачууну колдогондордунбу, же коё туралы дегендердин катарындасызбы?

- Негизинен маселени күзгө жылдырабызбы, азыр карайбызбы парламент өзүнүн бар, же жок деген сөзүн айтыш керек. Анткени 15 жылдан бери эле Камбарата ГЭСи курулат деген маселе турат. 16 жыл өттү, жыл сайын эле шайлоочулар быйыл, эмдиги жылы башталат деп эле келатабыз. Күз менен азыркынын айырмасы, бизде суроо болуп атат, биринчи переоценка кылып, жаңы баалар боюнча кайра баалап чыксак, анан кайрылсак деген гана, болбосо куруш керек дегендердин ичиндемин мен.

- Иш кечиге берсе энергетикалык коопсуздук деген маселе бар. Азыр эгер бери дегенде 5 жылда, ары дегенде 10 жылда жаңы ГЭСтер курулбаса, уурдоолор токтогон жок, ага катар керектөө жылына өсүп жатат. Ошол маселе курч коюлуп чыгышы мүмкүн да?

- Негизинен биздин депутаттар кооптонгон бир гана маселе бар. Энергетикалык коопсуздуктан да жогору турган бүгүнкү күндө “Камбарата-1-2” курулушунда кандай инвесторлоруңар бар десек, Казакстан 33 пайыз, Орусия 33 пайыз, Кыргызстан 34 пайыз деп атпайбы. Биздин кооптончу маселе энергиядан да жогору да бизге суу ресурстары кандай бөлүштүрөт, аларга Казакстан менен Орусиялыктар да кийлигишпейби деген маселе депутаттардын бардыгын кыжалат кылып атат. Ошол нерсеге так жооп бермейинче биздин уруксат берүү процедурабыз татаал.

- Сиз мурда энергетика комитетин башкарбадыңызбы, адис болбосоңуз да бул системаны жакшы эле билсеңиз керек. Эгер 30 пайыздык үлүштө курулду деп коелу, жаңы ГЭСтер курулуп ишке берилди деп коёлу. Анда азыр мамлекеттин менчигиндеги ГЭСтердин иштешине, аларга суунун толуу режимине таасир тийеби жаңы ГЭСтердин курулушу менен?

- “Камбарата-2” боюнча таасир деле тийгизбейт. Анда болгону бир суткадагы топтолуучу суу топтолот. Ал эми “Камбарата-1” деген чоң ГЭСте 8 млрд. кубадан ашык суу топтолот. Алардын жарымы 4 млрд. куб чогултканга боло турган суу. Ошол 8 млрд. куб суу чогулганда сөзсүз түрдө чогултуп жана сактоо режиминде болуп калат дагы, анан эгерде инвесторлор келип сууну биз каалаган убакта Казакстан менен Өзбекстанга беребиз деген шартты коё турган болсо, анда биздин мамлекеттин кызыкчылыгы корголбой калат. Ошондуктан биз айтып атабыз 51 пайыз акция Кыргызстанда болсун, калган 60-70 пайзын алып кете берсин салганына жараша, бирок сууга тийбесин деп.

- Ошол сиз айтып аткан нерселер жаңы мыйзамда каралыш керекпи, же кийинки келишимдердин маселесиби?

- Бул мыйзамдын 2005-жылы автору мен болгом. Негизги максаты Кыргызстандагы ГЭСтердин бардыгы тең сатылбасын деген мыйзам болчу. Ал убакта Дүйнөлүк банкка тышкы карыздын ордуна берилет деген сөздөр көбөйүп кеткен бизде. Ошондо бул мыйзамдан биз болгону гана кол тийбестик мыйзамынан “Камбарата-1-2” чыгарып туруп, ошого инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүн беришибиз керек. Ал эми өкмөт айтып атат биринчи мыйзамдан чыгарып бергиле, анан инвесторлор менен сүйлөшүп, тактайбыз деп.

- Парламент ошого чейин тактоону талап кылуудабы?

- Парламент айтып атат, инвесторлор шарты менен кошо келгиле, кандай кыласыңар, анткени биздин өлкөдөгү мисалдардын ичинен көп болуп атпайбы, мурдагы деле, кийинки деле, мына “Кумтөр”, “Жерүй”, “Андаш” маселеси болуп келатат, “Майлысуу” заводу, инвeсторлор салган макулдашуулардын бири дагы оң чыккан жок. Оозу күйгөн айранды үйлөп ичет болуп биз депутаттар коркуп атабыз. Ойлогон тилегибиз жакшы, ишке келгенде мурдагыдай эле болуп калат деген бизде коркунуч бар.

- Маегиңизге ырахмат.

КАН-БЕКТЕР ЖЕГЕН КАРЫЗДЫ КАЛК ТӨЛӨЙБҮ?

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын тышкы карызын жоюу үчүн Улуттук банкта элдик эсеп ачылганын кабарлаган. Учурда өлкөнүн мойнундагы карызы- 1 миллиард 999 миллион 33 миң долларды түзөрүн айтышууда. Ошентип, тышкы карыздан кутулуу үчүн Акүй каратаман калктан акча чогултмай болууда. «Де-факто» гезити айрым жарандардын буга карата ой-пикирин сураганда, академик А.Эркебаев: бул жол кризисттен чыгуунун жолу эместигин, андан көрө ошол карыз акчалар каяка кеткенин, кимдердин айынан карызга батканыбызды териштирсе болмогун, бирок өзү колунан келген салымын кошорун, мурдагы айылчарба министри Ж. Акенеев: Атамбаев туура кылып жатканын, депутат Ө.Текебаев: карызга батырган адамдар жоопко тартылмайын жеп-ичкендердин керней кекиртектери эч качан тыйылбастыгын, жаңы бийлик келгенден бери эле 100 миллион доллар карыз алганга үлгүргөнүн, мурдагы өкмөт башчысы Т.Чыңгышев: мындай демилгени таптакыр колдобостугун, анткени эл бул бийликке да ишенбей калганын, эл чогулткан акчаны деле атка минерлер ичип-жеп алып баса беришерин, мурдагы тышкы иштер министри А.Жекшенкулов: Адегенде коррупциянын тамырын кыркуу керектигин, тоо-кен ассосациялар кошунунун төрагасы О.Дүйшеев: бул эсепке А.Акаевдин өзүн акча которууга мажбур кылуу зарылдыгын, азыр энергетика тармагында жылына 3 жарым миллиард сом дайынсыз кетип жатканын, белгилүү ишкер Т.Мадияров: демилгени колдоорун, өзү да салым кошорун айтса, карапайым жарандар: Д.Кубанов, О.Абдраимов, Б.Асанбеков, З.Абдуллаева бул эсепке 1 тыйын да кошпой тургандыктарын, мына ошол 2 миллиард долларды карыз алып туруп талап кеткендер бүгүн менчик дүкөн, сауна, кумар ойноочу жайларды ачып алып чардап жатканын, эгер чындап эле Кыргызстанга күйсө менчик ишканаларын, хан сарайлары менен машиналарын сатып карыздан калкты кутултууларын айтышкан.

Ушул эле гезит аркылуу депутат Эркин Байсалов: электр энергиясына тарифтерди 62 тыйынга көтөрүү 2006-жылдын 13-апрелиндеги чечими менен жүзөгө ашырылганын, бүгүн Кыргызстандын энерготармагы Өкмөттүн да, Парламенттин да эмес, жападан жалгыз Бакиевдин көзөмөлүндө экендигин, энергетикадагы эсепсиз уурдап-жок кылуулар канчалык какшап айтылбасын, жоелу деп канча ирет токтом токулбасын энерготармактын жетекчилери Бакиевге таянып алып элди чымын чакканчалык көрбөй жатканын кеп кылган.

«Общественный рейтинг» гезити да тышкы карыздан кутулуу эсебинин ачылганы боюнча өз окурмандарына суроо салганда, «Фото» агенттигинин деректири Владислав Ушаков: Кыргызстандын калкынын 90 пайызы жалаң нан-чай менен олтурганын, ошол эле убакта Кудай-Теңирин тааныбай кутуруп жүргөндөр барын, айтор элдик эсептин ачылганы деле оң натыйжаларды бере койбостугун, Кыргызстан ишкерлер Союзунун 1-вице-президенти Эльвира Сурабалдиева: сөзсүз акча кошорун, финансы рыногун анализдөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси Адам Бейшеналы: ырасмий маалыматтар боюнча алдыдагы 2008-2009- жылдары Кыргызстан жыл сайын 100 миллион доллардан төлөп турарын, ар бир кыргызстандыктын мойнунда 400дөн доллар илинип турганын, анан колунда жок элден чогулган акча деле карыздын кара тешигин бүтөгөнгө ылаажы боло койбостугун айтып жооп берген. Гезитке «Кыргыз ССринин эмгек сиңирген энергетиги», депутат Эргеш Төрөбаев аксакал аңгеме куруп, элдин эсин оодарып келаткан энергетика тармагы жөнүндө сөз кылган. Төрөбаевдин айтымында энергокомпания жетекчилерин өкмөт эмес өзүлөрүнүн деректирлер кеңеши дайындайт. Мындай кеңеш ар бир компанияда түзүлгөн. Ар бир компаниянын мындан тышкары башкармалыгы, ар бир гендеректирдин 3-төн орунбасарлары, 3 адамдан турган текшерүү комиссиялары, ар биринин башкы бухгалтерлер, ар биринин олчойгон айлык акылары, жеке жеңил машиналары, командировкага чыкса сарптай турган акча каражаттары бар. Эргеш мырза да учурунда ушул жерде 4 айдай иштеп кеткен. Кызыкты ошондо көргөн. Көрсө ар бир компаниянын гендеректири 50миң сом көлөмүндө айлык алат. Бүтүндөй РЭСтер ай сайын 1 гендеректирдин айлыгынын көлөмүндө акча жыйнап турат. Айтор бул тармак калктын ырыс-кешигин аоесуз жеп келатат. Эргеш аксакал, эгер Совет мезгилинде ушундай өзүмбилемдик болгондо андагы далай жетекчилер атууга кетмектигин айтып ззэни кейийт.

«Айкын» гезити менен баарлашкан депутат А.Бекназаров: кыргыздар улутун коргоонун ордуна уруу деңгээлинен чыгалбай жатканын, Кыргызстан бүгүн башка өлкөлөргө тең ата болалбай бүжүрөп, басынып турганын, ошон үчүн И.Каримов менен Н.Назарбаев уялбай-этпей эле өкүмзордук көрсөтүп келатканын, Путин бийликке келгени орустарды аябай көтөргөнүн, азыр ар бир орусия жараны «орус маданияты», «орус маданиятына кызмат кылам», «орус спортуна кызмат кылам» деп сүйлөп калганын, бизде ушул өңдүү улуттук саясат болбой жаткандыгын, улутчул сезимдин жоктугунан кыргыз өз өлкөсүндө өзү кор болуп жүргөнүн, мансапкор манаптар түндүк-түштүк камчысын чапканды токтотуп, качан кыргыз дейбиз деп каңыргы түтөгөн.

«Апта» гезити эртең белгиленүүчү- Балдарды коргоонун Эларалык Күнүнө карата макалалар топтомун жарыялады. Гезит мсаелен, Америка Кошмо Штаттарында ар бир балага берилчү 1 айлык пособиенин көлөмү 400 АКШ долларын түзөрүн, кечээ эле СССР урандысынан туруп, бүгүн алда-немедей өнүгүп бараткан Орусия, ар бир жаңы төрөлгөн наристесинин сүйүнчүсүнө- 250 миң рубль, Казакстан-32 миң теңге, Түркмөнстан- 42 доллардан белек кыларын, бул өлкөлөр ушундай жол менен үйбүлөгө эле камкордук көрбөстөн балдарынын санын да көбөйтүү саясатын жүргүзүп жатканын, ал эми өз элин, өз балдарын иш менен камсыз кыла албаган бийликтен, мамлекеттик чиновниктерден эмнени күтүүгө болот деген суроо койгон.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

КУМТӨР БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР АЯКТОО АЛДЫНДА ТУРАТ

Бишкекте 16-майдан бери Кумтөр боюнча эксперттер деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал ушул жуманын соңунда, же кийинки жуманын башында соңуна чыгаары күтүлүүдө. Бул арада 2004-жылы июнь айында «Кыргызалтын» 11 миллион долларды чет өлкөлүк ЭККЕРТ аттуу фирмага которуп, ал акчанын ошол бойдон дайынсыз жоголгону аныкталууда.

2002-жылы Кумтөр кенинде көчкү жүргөн. Буга байланыштуу камсыздандыруучу компаниялардын эсебинен Камеко «Кыргызалтынга» 11 миллион доллар которуп берген. Ал каражаттын андан кийинки тагдыры тууралуу «Кыргызалтындын» азыркы башчысы Алмазбек Жакыпов «Азаттыкка» буларды маалымдады:

-2002-жылы Кумтөр кенинде көчкү жүрүп кеткен. Бул жерде баары камсыздоого алынгандыктан 11 миллион долларды Камеко, Центерра Кыргызстанга төлөп берген. Ал акча 2004-жылы июнь айында келип түшкөн. Андан кийин ЕККЕРТ деген компанияга «Кыргызалтындан» которулуп кеткен.Бул иш боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

2004-жылдын июнь айына чейин «Кыргызалтынды» маркум Камчыбек Кудайбергенов башкарып келген. Ошол жылдын июль айынан тарта жетекчиликке Уларбек Матеев дайындалган.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун маалыматы боюнча ЕККЕРТ компаниясы африка өлкөлөрүндө катталган. Убагында бул иш тергөөгө алынган эмес. Анткени ага бийликтегилер кызыкдар болгон, дейт Исабеков.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары 30-майда «Центерра голд инк» компаниясынын өкүлү Андрей Сазоновду да кабыл алып, Жетиөгүз районунун калкына төртүнчү траншты төлөп берүү талабын койду:

-Менде бир суроо төртүнчү транш качан төлөнөт? Силер Малиевдин мыйзамы четке кагылса гана төлөйбүз деп турасыңар. Бирок алтынды казып алып жатасыңар да. Иштегенден бери чыгашаңарды бир нече ирет актап, пайданы көрдүнөр. Жалпысынан 1.5 миллиард долларга алтын саттыңар. Мына ушундай шартта кыргыз калкына эмне үчүн ушундай мамиле кылып жатасыңар.

Төртүнчү транштын жалпы көлөмү 1 миллион 400 миң долларга жакын сумма. Аны төлөөнү «Центарра» Жогорку Кеңеш Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча мыйзамды биринчи окууда кабыл алганына байланыштуу токтотуп, мыйзам чакырылып алынса төлөй баштаарын билдирген. Бирок Андрей Сазонов компания бул маселени жакын арада карап, өз жообун берерин ачыктады.

Ал эми Кыргызстан менен «Центерра голд инк», Камеконун ортосундагы эксперттик деңгээлдеги сүйлөшүү тууралуу айта турган болсок, кыргыз тараптын эксперттик тобунун мүчөсү, «Кыргызалтындын» башчысы Алмазбек Жакыповдун билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүлөр ушул жума соңунда, же кийинки жуманын башында аягына чыгат. Даярдалган материалдар болсо өкмөт башчысына тапшырылат. Сүйлөшүүлөр Кыргызстан үчүн канчалык пайдалуу болоору тууралуу суроого Алмаз Жакыпов минтип жоп берди:

-Мени сүйүнтүп атканы, азыр Жогорку Кеңеш да, өкмөт да, президент дагы Кумтөрдүн кыргыз экономикасына салымын көбөйтүүгө чоң аркакет жасап жатышат. Ошон үчүн менде чоң ишенич бар.Биз бул иштин аягына сөзсүз чыгышыбыз керек. Кумтөр кыргыз экономикасына өз салымын көбөйтүүгө тийиш.

Азыркы кезде Кыргызстандын үлүшү канчага көбөйөөрү тууралуу айтуу кыйын. Биз көптөгөн эсептерди жүргүзүп, бардык маселелерди өкмөт башчысынын алдына коебуз. Мына ошондон кийин сүйлөшүүлөрдө бардыгы аныкталат, деп кошумчалады Алмаз Жакыпов.

ЧИНОВНИКТЕР АЙЫЛДАРДЫН ӨНҮГҮШҮНӨ ТОСКООЛ БОЛУП ЖАТЫШАБЫ?

Жогорку Кеңеште Мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитети “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрдү. Ага жер-жерлерден келген төмөнкү баскычтагы башкаруу органдарынын мүчөлөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Талкуу эки баскычтуу башкарууга жана эки баскычтуу бюджетке өтүү маселелери тууралуу болду. Долбоор демилгечилери менен бир катар адистер бул процессти эртелетүү керектигин айтышканы менен бийлик өкүлдөрү азырынча эки баскычтуу системаны куруу эртелик кыларын айтып жатышат.

“Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” мыйзам долбоору эки жылдан бери кыйла талаш-тартыштарга туш болуп келет. Анын негизин эки баскычтан турган башкаруу системасы түзөт. Быйыл Жогорку Кеңеш эки баскычтуу бюджет кабыл алып, ага кадыресе жол ачып бергендей болду. Бул долбоор 30-майда региондордон келген делегаттар менен да талкууланып, соңунда беш кишиден турган жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топ айтылгандарды эске алуу менен долбоорду комитет жыйынында карап, андан соң парламентке алып чыкмакчы.

Эгер парламентте долбоор жактырылса, облустар менен райондор административдик бирдик катары жоюлуп, 20 чакты гана кеңейтилген райондор калмакчы. Бирок, борбордон бөлүнгөн каражаттар түз айыл өкмөттөрүнө барып, район аларга кийлигише албайт. Мындай болгон учурда райондук бийлик жөн гана борбордун өкүлү катары кызмат аткарып калат. Долбоордун авторлорунун бири депутат Азимбек Бекназаровдун ырасташынча, мындай механизм айыл жергесинин өнүгүшүнө, ортодогу коррупциялык бөгөттөрдүн алынып ташталышына жол ачат. Анын айтымында акүйдө отурган бир катар чиновниктер буга тоскоол болуп жатышат. “Президенттин айланасындагы бир топ чиновниктер борбордук бийлик алсырап калат, президенттин бийлиги жер-жерлерде болбой калат дешип президенттин кулагына күн сайын шыбырап, буга бут тосуп атышат”,- дейт А.Бекназаров.

Өзүн өзү башкаруу жана аймактык өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиктин директору Бейшен Болотбеков, административдик-аймактык реформа болмоюнча мыйзамды кабыл алуу эртелик кылат деген ойдо. Административдик-аймактык маселелер башкача чечилип калышы мүмкүн экендигин, эгер ушундай болуп калса кайрадан бул мыйзамга кайтып келүүгө туура келерин, ошндуктан шашпай туруп буларды чогу кароо керектигин айтат Б.Болотбеков.

Бишкек шаардык кеңешинин төрайымы Нуржамал Байболованын айтымында, борбор шаарды да эки баскычтуу башкарууга өткөрүү зарыл. Бишкек мэриясынын жана шаардагы төрт райондун жетекчилеринин төрттөн орун басары бар экендигин, дагы бир канча керексиз бюрократиялык тепкичтер турганын, аларды алып таштоо зарылдыгын айтат Н.Байболова. Анын пикиринде айыл өкмөттөрүн эбак өз алдынча иш алып барууга өткөрүү керек эле. “Айыл өкмөттөрү өздөрүн өздөрү башкара албайт, финансылык жагынан өз алдынча иштеп кете албайт деген сыяктуу сөздөр айтылып атат. Муну мен бир нерсеге салыштырар элем. Эгер балабызга сууга сүзгөндү үйрөтө турган болсок, аны сууга салыш керек да. Анан колу-бутун байлап, көлдүн жээгине отургузуп туруп, "сен үйрөнгөндү билбейсиң, ошондуктан сууга түшө албайсың" деген сыяктуу кеп болуп атат”,- дейт Н.Байболова.

Айыл өкмөттөрүнүн арасында да пикирлер ар түрдүү. Кайсы бири азырынча даяр эмеспиз дешсе, дагы башкалары ушуга чейин өз алдынча болбогондоруна нааразы.

Кыргызстан 7 облус, 40 административдик район, 22 шаар, 429 айыл өкмөттөрүнөн турат. “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынган күнү бул көрсөткүч да өзгөрмөкчү.

ЖАЛАЛАБАТ: БАЛДАРДЫН ЖАЙКЫ ЭС АЛУУСУНА ӨКМӨТ АКЧА БЕРЕ ЭЛЕК

Жалалабат облусунда быйыл 1800-2000 баланы эс алдыруу жагы пландаштырылган. Облустук профсоюздар Кеңеши эс алуу өнөктүгүнө зарыл каражаттар тууралу билдирүү бергени менен жай саратан кирип келсе да өкмөттөн балдар лагерлерине акча бөлүнө элек. Ата-энелер эс алуу үйлөрү бар экендигин, ага жолдомону кайдан алышаарын билишпейт. Алардын айтымында эс алуу жайларында көбүнесе кызматтагылар менен байлардын балдары дем алышат.

Жалалабат шаарынын 14 жашар тургуну Нурлан Уметов жылдагыдай эле быйыл да Сузак районундагы “Алтын балалык” аттуу лагерде эс алууну көздөп турат. Ал эс алуу жолдомосун 500 сом төлөп, шаардык билим берүү бөлүмүнөн сатып алаарын айтты.

Айыл-кыштак тургундары облус аймагында балдардын 11 эс алуу жайы иштей тургандыгынан кабарсыз. Аталган жайлар 1800-2000 балага эсептелген. Сузак районундагы Ачы кыштагынын жашоочусу Токтокан Шамшиева балдарын кезектетип эс алдырайын дейт, бирок, эс алуу жайларына жолдомону кайдан кантип алуунун жол-жобосун билбейт:

- Маалымат бербейт. Мисалы мен уккан жокмун. Уксам балдарымды жөнөтөм. Төлөө десе акчасын деле төлөп беребиз.

Ноокен районундагы Сакалды айлынын тургуну Айсалкын Айдарованын пикири боюнча эс алуу жайларына байлар менен кызматтагы адамдардын балдары жиберилет. Карапайым ата-энелер балдарын өкмөт эсебинен эс алдырайын десе, тиешелүү уюмдар “балдардын саны толуп калды” деген жообун далай ирет айтышкан:

- Мектепте окуган неберелерим бар, Арсланбапка, башка жака лагерге жөнөтөлү десек колунда барлардын балдары барат дагы, биздики барбайт. Лагерлерге толуп калды деп жакын жолотпойт.

Профсоюздардын облустук Кеңеши балдардын быйылкы эс алуусуна канча каражат сарпталарын эсептеп чыгып республикалык федерация аркылуу кыргыз өкмөтүнө жибергенине 2-3 айдын жүзү болду. Жай саратан кирип келгени менен зарыл болгон каражат өкмөт тарабынан качан бөлүнүп берилери белгисиз.

Профсоздардын облустук Кеңешинин төрагасы Уламсабыр Акматовдун айтымында, эки баскычтуу бюджеттин айынан облустук бийлик да балдардын эс алуусуна каражат бералбай тургандыгын билдирген:

- Кыргыз өкмөтү, финансы министрлиги президент кол коюп, каражат берилсин десе дагы бүгүнкү күнгө чейин бөлүнө элек.

Эгерде каражат бөлүнбөй, эс алуу мөөнөтү үзгүлтүккө учураса, балдарга мындан өткөн чыккынчылык болбос деп айтты ал. Анын белгилешинче өспүрүмдөргө зарыл чыгымдарды эсептөөчү комиссия да быйыл чакырылган жок:

- Комиссия түзүлүш керек, бардыгын тактап, ар бир балага канча сомдон тамак берилиш керек, маданий тейлөөгө, медициналык тейлөөгө канча каражат бөлүнүш керек ошонун барын мамлекеттик комиссия чечип берсин. Бүгүнкү күндө ал жөнүндө сөз да жок.

Уламсабыр Акматовдун жообу боюнча эс алчу балдардын тизмесин айыл өкмөттөр менен билим берүү мекемелери тактайт. Жолдомо бөлүштүрүүдөгү адилетсиздикке ошол уюмдар жоопкер.

31-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

1874-жылды Мамыр Мергенов баштаган кыргыз козголоңчулары Кокон хандыгынын ээлигине киришип, Анжыян шаарын басып алууга аракет жасашты. 1935-жылдын бу күнү борбор шаардын мектептеринде жылдык жыйынтык сыноолор соңуна чыкты.

А. В. Каульбарс жетектеген орус отряды 1869-жылдын бу күнү Верный шаарынан чыгып, Каракол багытына бет алган. Отрядга коюлган милдетке ылайык, алар Караколдо аскер казармасын куруп, мындан тышкаары шаардагы курулуш иштерин баштоого киришмек. А. В. Каульбарстын Караколго жасаган сапары шаардын түптөлүшүнө зор салым кошкон.

Мамыр Мергенов баштаган кыргыз козголоңчулары 1874-жылды Кокон хандыгынын ээлигине киришип, Анжыян шаарын басып алууга аракет жасашты. Бирок алардын көздөгөнү оңунан чыкпай, козголоңчулар Базаркоргонго бекинишкен. Кокондук аскерлер аларга сокку урушуп, кыргыздарды толугу менен талоончулукка алышкан жана акыркылар кайрадан Токмок уездине качууга мажбур болушкан.

Борбор шаардын мекиептеринде өткөрүлгөн жылдык жыйынтык сыноолор, 1935-жылдын бу күнү соңуна чыкты. Ал убакта экзамен аталышы эски буржуазиялык заман калдыгы деп жээрилгендиктен, анын ордуна жылдык жыйынтык термине колдонулган. Мындан тышкаары, № 1-орто мектепте Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу улан, кыздар 10-классты бүткөрүшкөн жана алардын даярдыгына Билим берүү наркому Т. Жолдошев толук канааттангандыгын билдирген.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңеш Президиумунун 1939-жылдын 31-май күнкү жардыгына ылайык Каракол шаары кайрадан Пржевальск аталышын алды.

Буга чейин 1921-жылдын 15-февралында шаар эски тарыхый аталышына жараша Каракол деп өзгөртүлгөн болчу. Кыргыз Советтик Энциклопедиянын Башкы редакциясын уюштуруу чечими 1968-жылы чыгарылып, адегенде, ал Кыргыз ССР Илимдер Академиясына караштуу уюшулган. Энциклопедияга Кыргызстан жана кыргыз элинин тарыхы, маданияты, тили, адабияты жана искусствосуна тиешелүү маалыматтарды жазуу, жарыялоо милдети жүктөлгөн.

Алаарча капчыгайынын татаал участкасында автоматташтырылган радиометерологиялык станциянын курулушу 1974-жылдын бу күнү соңуна чыкты. Станция аба температурасы, атмосфералык басым жана жаан-чачын, шамал багыты, ылдамдыгы, күндүн тийиши туурасында эфирге кабар берип турган.

Айтылуу композтор Абдылас Малдыбаев 1906-жылдын 7-ноябрь күнү жарык дүйнөгө келген. Кыргыз профессионал мызыкасына негиз салуучулардын бири Кеминдин Карабулак кыштагында туулган. Абдылас Малдыбаевдин чыгармачылыгы 1922-жылы башталып, «Акинай», «Кызыл жоолукчан» аттуу адегендеги ырлары калк арасында кенир тарап, анын ысмы обончу катары таанылган. Абдылас Малдыбаев 300 чамалуу чыгарма жаратып, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Ленин ордени, Октябрь революциясы, үч жолку Эмгек Кызыл туу, «Ардак белгиси» ордендери жана медалдары менен сыйланган. Абдылас Малдыбаевдин ысмы Кыргыз опера жана балет театрына, шаар көчөлөрүнө ыйгарылган.

ПРЕМЬЕР-МИНИСТРДИ КИМ УУЛАНДЫРЫШЫ МҮМКҮН?

Премьер-министр Алмаз Атамбаевдин уулангандыгын дарыгерлер тастыктагандан кийин аны ким ууландырышы мүмкүн, жыйырма күндөн ашык убакыттан бери эмне үчүн бул маселеге маани берилбей жатат деген өңдүү суроолор жандана баштады. 29-майда президенттин иш башкармалыгынын алдындагы дарылоо жана ден-соолукту чыңдоо бирикмеси Алмаз Атамбаевдин организминен белгисиз уу зат табылгандыгы тууралуу медициналык тыянакты жарыялады.

Дарылоочу борбордун директору Марат Сагынбаев өзү кол койгон медициналык бүтүмдө белгиленгенге караганда, ууланган Алмаз Атамбаев дарыгерлердин көзөмөлүндө кала берүүдө. Премьер-министрдин өзүнүн 22-майда парламентте билдиргенине караганда, премьер-министрди 11-майда иш бөлмөсүндө кимдир бирөө суу аркылуу ууландырган. Бирок, шейшемби күнү таластыктар менен өкмөт үйүндө жолугушуу маалында билдиргенине караганда, коопсуздук кызматы бул ишке маани бербей жатат:

- Мына бүгүн Атамбаев ууланды деген справка алдым. Эми бу да жакшы эмес да, премьер-министрге Ак үйдөн бирөөлөр уу берип атса. Анан башпрокурор, КНБ, СНБ (коопсуздук кызматы – авт.) «тырманып» да койбосо, бул да жакшы эмес да.

Коопсуздук кызматы бул ишти колго алган-албаганы чынында эле белгисиз бойдон турат. Башкы прокуратуранын коомчулук менен иштөө бөлумүнүн башчысы Насиза Сумардын айтканына караганда, премьер-министр факт боюнча Башкы прокуратурага эч кандай арыз бере элек.

Бул аралыкта Алмаз Атамбаевдин ууланышына байланышкан маалымат коомчулукта ар кыл божомолдорду пайда кылууда. Айрымдары Атамбаев өзүнө коомчулуктун көңүлүн бурдуруу үчүн саясий оюн жүргүзүп жатат десе, айрымдары хансарайдагы көшөгө артындагы тирешүүлөрдүн бир көрүнүшү катары баалап жатышат.

Кесиби боюнча дарыгер, экс-депутат Ташболот Балтабаев кандай болгон учурда да өкмөт башчынын иш бөлмөсүндө ууландырылды деген маалыматтын таралышы саясий маселе жана буга маани бербей коюуга болбойт. Аны терең изилдөө үчүн тармактык оорукананын бүтүмү негиз болуп бере албайт:

- Сагынбаев деген эми атайын оорукананын башкы дарыгери да. Ал тармактык болуп эсептелет. Ага жазып бер деп бирөө буйрук берип коюшу мүмкүн. Кыскасы, эртеби-кечпи бул маселе көтөрүлөт. Себеби, өкмөттүн башчысын өзүнүн иш бөлмөсүндө ууландырып, эки күн эс-учун жоготуп жатты деген бул – чоң «ЧП» да.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулова, тескерисинче, муну чоң ызы-чууга айландырып, элдин үшүн албай, ак үйдүн ичинде өздөрү териштириши керек эле дейт. Укук коргочунун оюнда, окуя премьердин иш бөлмөсүндө болгондон кийин, териштирүүнү анын айланасындагы адамдардан баштаса эле айкындала түшөт:

- Эми бул жерде түшүнүктүү эле болуп турбайбы, ким алып келди. Аны эми чоң мамлекеттик жаңжал эмес, аны жарандардын жүрөгүн түшүрүп, алардын баарына жарыя кылбастан, өздөрү чечиш керек. Демек, акүйдүн ичинде быкы-чыкы толтура.

Саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев Кыргызстандагы экинчи мамлекеттик ишмерди ууландырууга байланышкан маселенин иликтенбей создугуп жатышына кабатыр экенин билдирди. Саясатчы ууландырууга байланыштуу эки божомолду келтирди.

- Анын душмандары жасашы ыктымал, биринчиси. Экинчиден, азыр Кыргызстанда бирде курчуп, бирде кичине тыйылып аткан саясий кырдаалды дагы бир ирет козгоп, көтөрүп коелу дегендей, айталы, Текебаевге карата «матрешка» иши болбодубу, ошол сыңары бул дагы бир өлкөнү козгойлу деген аракет болушу ыктымал. Чагымчылар, провокаторлор уюштурушу мүмкүн, өлкөгө, элге тынчтык каалабаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун көз карашында өзүн сыйлаган мамлекет бул маселени кайдигер калтырбай, иликтөөгө алып, өз баасын бериши керек:

- Негизи мындай факт эч кимге кереги жок, бийликтин бир дагы бутагына. Анан изилдеп баа бериш керек да, атайы жасалган нерсеби же башкабы, баа бериш керек да. Менимче, бул боюнча коопсуздук кызматы, Баш прокуратура иш козгош керек.

Европарламенттин жыйынына катышып кайткан депутаттын айтымында, Кыргызстандын өкмөт башчысынын ууландырылышы боюнча Европарламентте да сөз болду.

ЭРКЕК ПАРЛАМЕНТ КЫРГЫЗСТАНДЫН БЕДЕЛИН ТҮШҮРҮҮДӨ

Кыргызстанда аялдарды парламентке алып келүү максатында бейөкмөт уюмдар атайын акцияларды өткөрө башташты. "Бир жыныстуу парламентке - жок", "Саясатта теңчилик болсун!" деген ураандар менен бүгүн биринчи акция Жогорку Кеңештин алдында болду. Пикетке чыккан коомдук уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстандын парламентинде аялдардын таптакыр жоктугу өлкөнүн бетине чиркөө болуп жатканын айтышып, мындай дискриминациялык саясатты токтотуу зарылдыгын белгилешти. Бул үчүн алар аялдардын парламентке шайланышына мүмкүнчүлүк берген атайын мыйзамдык чараларды кабыл алууну сунуш кылышууда. Кыргызстандын азыркы парламентинде бир да аял жок, жалаң эркектер отурат.

Жогорку Кеңештин алдына чыккан бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү Кыргызстан мамлекеттик башкарууда аял-эркек теңчилигин камсыз кылууну талап кылышты. Алардын айтымында, бүгүнкү күндө парламентте бир да аялдын жоктугу өлкөнүн, улуттун бетине чиркөө болууда. Бул эч кандай демократияга сыйбайт, кайра тескерисинче
жалаң эркектерден куралган парламент саясий оюндан башы чыкпай, бийлик коррупцияланып, экономика төмөндөп, социалдык проблемалар чечилбей жатат.

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн көз карашында, аялдарды парламентке алып келүүнүн атайын чараларды көрмөйүнчө Кыргызстандын иши дегеле оңолбойт. Бул үчүн жарандык коом өкүлдөрү Шайлоо Кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча эки сунуш-демилге көтөрүшкөн. Алар аял-эркектер бир позициядан ашпай кезектешип жазылган партиялык тизмелерди киргизүү жана аял-эркек талапкерлер аралаш жазылган тизмелер менен үч мандаттуу шайлоо округдарын түзүү болуп саналат.

Жогорку Кеңештин депутаты Бектемир Мурзубраимовдун айтымында, бейөкмөт уюмдар көтөрүп жаткан маселе негизинен туура, бирок ошол эле учурда аялдардын өздөрүнүн да ынтымагы, саясий тилектештиги да тийиштүү деңгээлде болуш керек.

Депутат шайлоодо партиялык тизмелерде ар бир үчүнчү адам башка жыныстан болсун деген сунушту мурдагы шайлоо маалында депутат Кабай Карабеков көтөрүп чыккан. Бул депутат азыр да ушул позициясында турат, мына ушундай формада шайлоо болсо парламентке аял-эркек теңчилигине жетишүүгө карай жылыштар болот деп эсептейт. «Бирок, акыры аялбы-эркекпи, баары бир элдин элегинен өтүш керек, эл өзү чечет,»- дейт Кабай Карабеков.

Жарандык коом өкүлдөрүнүн айтымында, алардын саясатта аял-эркек теңчилигин камсыз кылуу боюнча атайын чараларды ишке ашыруу жөнүндө сунуштарын бир катар депутаттар жактырбай, каршы чыгып жатышат. Ошондуктан, бүгүнкү акция иштин башталышы гана, анын артынан бул маселеге коомчулуктун көнүлүн буруу максатында бир далай акциялар өткөрүлөт.

ОШ ШААРЫНДА БЕШ КАБАТТУУ ИМАРАТТА ЖАРЫЛУУ БОЛДУ

Кубанычбек Жолдошев, Ош 30-май күнү түшкү саат он эки жарымдардан өтүп Ош шаарындагы Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу имаратта жарылуу болду. Жарылуунун очогу жергиликтүү басылмалардын редакциялары жайгашкан үчүнчү кабаттагы ажатканада болгон деп болжолдонууда. Алдын-ала маалыматтар боюнча адам курмандыктары жок. Учурда улуттук коопсуздук, ички иштер жана прокуратура органдары бул окуя боюнча оперативдүү иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Аталган беш кабаттуу имараттын жарылуу болгон үчүнчү кабатында жергиликтүү “Ош Садоси”, “Эхо Оша” облустук гезиттеринин редакциясы жана борбордук “Вечерний Бишкек” гезитинин кабарчылар пункту жайгашкан. Жардыруунун кесепетинен эшик-терезелер кыйрап, жардырууга жакын жайдагы имараттын дубалдары жабыркаган. Окуянын күбөлөрүнүн бири “Эхо Оша” газетасынын журналисти Угулай Тажибаева cлавян улутундагы орто жаштагы аял келип ажатканага кирүүнү сурангандыгын айтып, ал чыгып кеткенден он мүнөттөн кийин жарылуу болгондугун белгиледи:

- Бул жерде “Ош Содасынын” кабарчылары Файзуллаева, Мамадалиева менен чогулуп тамактанып отурганбыз. 12 жарым ченде славян улутундагы бир аял келип, даараткана кайда деп сурады. Мен бул жака киргенге болбойт десем, мен оор опреациядан кийин, кирбесем болбойт деди. Өнү өтө бопбоз жаман болчу. Биз оң жакты көрсөттүк, ал кеткенден 10 мүнөттөн кийин катуу жардыруу болду, - деди Угулай Тажибаева.

Күбөлөрдүн айтып берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде шектүү адамдын фото роботу түзүлүп, окуя болгон жайдан алыс эмес жерден жашы 50-55 жаштардагы славян түспөлүндөгү аял кармалды. Учурда жергиликтүү улуттук коопсуздук, ички иштер жана прокуратура органдары жарылуунун себептери боюнча комментарий берүүдөн баш тартышууда. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын пресс кызматынын ага инспектору Замирбек Сыдыков биргелешкен оперативдүү иликтөө иштеринин жыйынтыгы али чыга электигин кабарлады:

- Кубаттуулук эквиваленти жетишээрлик деңгээлдеги жарылуу болгон. Себеби дааратканын дубалдары урап, натыйжада коңшу жайгашкан кабарчылардын иш бөлмөсү жабыр тартып, айнектери талкаланган. Бул иш боюнча учурда коопсуздук кызматы, шаардык ички иштер башкармасы жана шаардык прокуратуранын биргелешкен комиссиясы түзүлдү, - дейт Замирбек Сыдыков.

Ал эми окуянын күбөлөрүнүн айрымдарынын айтымында кармалган аялдын жанынан өзүнүн атына жазылган Өзбекстандын паспорту табылган. Бирок жергиликтүү атайын кызматтын өкүлдөрү паспорттун табылгандыгы боюнча маалыматты тастыктаган да, же болбосо төгүндөгөн да жок.

ТӨЛӨЙКАН ИСМАИЛОВА: ТАЛАСТА БӨРК АЛ ДЕСЕ, БАШ АЛЫП ЖАТЫШАТ

Таласта камакка алынгандардын айрымдарына тагылган айыптар кечээ кечинде угузулду. Премьер-министр Алмаз Атамбаев Таласка барган учурда анын кызмат унаасына таш ыргыткан окуядан кийин камалган 10 адамдын алгачкыларына кечээ 72 саат болгон эле. Бул аралыкта бир катар укук коргоочулар Таласта камакка алынгандарды токтоосуз бошотууну талап кылышууда. Буга байланышкан кайрылууну алар кечээ президентке жана Жогорку Кеңешке жолдошту. Таластагы окуяларды иликтөө үчүн ал жакка Бишкектен укук коргоочулар да барышкан эле. Таластагы соңку кырдаал тууралуу «Азаттык» менен «Жарандар коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова ой-пикир бөлүштү.

- Сиздер кечээтен бери Таласта жүрөсүздөр, жолугушууларды өткөрдүңүздөр. Эмнелерге күбө болдуңуз?

- Биз уккандан баштап эле Азиза Абдрасулова жана башка укук коргоочулар Таласка барып, өз көзүбүз менен көрүп, жардам бергенге ашыктык. Түнкү саат үчтө кайра Бишкекке келдик. Ошол жерде бир нече жолугушууларды өткөрдүк. Биринчи эл менен, жабыр тарткандардын үй-бүлө мүчөлөрү менен, дарыгерлер менен, өзүбүздүн активисттер менен жолуктук. Эң негизгиси губернатор менен жолуктук. Иликтөөдөн кийин биздин экспертиза жана чечимибиз бүгүн жарыяланат. Бирок ошого карабастан алыс болсо дагы кечээ анча-мынча маалыматты ошол жерде туруп бердик коомчулукка, “Азаттыкка” ырахмат.

Эң биринчиден, белгилүү активисттер Абдикан Момунтаева эжекебиз менен дагы жолуктук ИВСтин ичине кирип. Жанымда Азиза, Наталья Лазарева деген укук коргоочулар болду. Абдикан эжени алдап алып кетишкен. Ага “сиз биз менен барып эле УВДнын начальниги Мырза Ырсалиев менен сүйлөшүп анан кетесиз” деп айтышкан. Ал ички иштер бөлүмүнө келгенде 27-май күнү саат 19-50дө колуна протоколду беришкен шектүү адамды кармоо жөнүндө деп. Ошондо Талас ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Карасартов колун дагы коё берген ошол протоколго. Бул протоколдогу көрсөтүүлөргө мен макул эмесмин деп Абдикан Момунтаева кол койгон. Бирок ушунчалык шашышкан адамдарды жапканга.

Биз барганда ИВСтин ичинде 11 адам отурду. Абдикан эжеден башка Осмонов Улукбек мырза бар экен. Ал “Демократия жана граждандык коом үчүн” коалициясынын директорлор кеңешинин мүчөсү жана Турсунбек Акун жетектеген президенттин астындагы адам укугу боюнча комиссиянын мүчөсү, белгилүү адам. Адамдын укугун коргоо жана демократияны күчөтүү үчүн күрөшкөн, Кыргызстанда таза коомду орнотобуз деген атуулдар.

- Алардын айрымдарына айыптар угузулуптур. Айыптар массалык башаламандык уюштуруу, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө жана мамлекеттик кызматкерлерге каршылык көрсөтүү деген беренелер боюнча экен.Бул өтө оор беренелер. Эми маселе сотто чечиле тургандай жагдайга өтүп баратабы?

- Биринчиден, 230-берене туура эмес коюлган. Анткени акыркы мезгилде кыргыз бийлиги, бир нече чоң чиновниктер ушул беренени ушунчалык жакшы көрүп, эл бийлик менен сүйлөшөлү, иштейли, коррупцияны ачалы дегенде ушундай беренелер пайда болуп калып атат. 340-341-беренелер эң оор беренелер. Мурун эгерде бул беренелерди колдонгондо адам атууга чейин кетчү.

Укук коргоочу катары биз айтат элек, бул беренелер эч кандай аларга тиешелүү эмес. Бийликтин бул беренелерди колдонууга акысы жок. Анткени жабыр тарткан милицияларды биз издесек, бирөөнү гана көрсөтүштү, кичинекей бир таш тийген экен. Эки милицияны бизге көрсөтө алышкан жок. Таш ыргыды жана машинелер жарылды, терезелердин баары сынып кетти дегенди дагы бизге көрсөтө алышкан жок. Анткени губернатор минген ДЖИП автомашинасы Бишкекте деп айтышты. Автоинспекциянын бир машинесин көрсөтүштү, анча-мынча жарака алган үчүн элди ушунчалык кыйнап жана 37-жылкыдай бул беренелерди колдонуунун эч кажети жок. Аны губернаторго дагы айттык.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Улан Эшматов, Прага

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG