Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 12:20

Кыргызстан

ОРДОЛУУ ОШТОГУ ЖАҢЫ ЖЫЛ ТОСУУ САЛТАНАТЫ (Сүрөт баян)

Кыргызстандын түштүк башкалаасынын тургундары Жаңы жылды борбордук аянтта тосушту. Аларды адегенде Ош шаар мэри Жумадыл Исаков, Ош облусунун вице-губернатору Азиза Турдуева куттуктап, шаардыктарга жана конокторго бекем саламатчылыкты, ынтымак-ырашкерликти тилешти. Жаңы жыл тосуу аземи оюн-зоок, жаштар дискотекасы менен коштолду.













ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

“Азаттык” үналгысы өзүнүн угармандарын, окурмандарын жана көрөрмандарын Жаңы жыл менен чын жүрөктөн куттуктайт. Жаңырган жылда эл турмушунда бейпилдик, экономикада өсүш болсун, дасторкондо ырыскы көбөйсүн! Демократия, сөз эркиндиги, адам укуктары сыяктуу жалпы адамзаттык асыл-нарктардын кулачы жайылсын, куну кемибесин. “Азаттык” объективдүү жана бейтарап маалымат каражаты катары маалымат керектөөчүлөрдүн ишениминен чыкпайт жана ак кызматын эл-журтун алдында жоопкерчилик менен өтөй бермекчи. Жаңы жылда дагы "Азаттык" менен бирге болсоңуздар, ишиңиздерди ийгилик коштойт!

2007-ЖЫЛЫ ЭКОНОМИКАЛЫК ӨСҮШТҮ КЫМБАТЧЫЛЫК ЖЕП КОЙДУ

Айгул Жунушалиева, Бишкек 2007-жылы ички дүң продуктунун өсүшү 8 пайызды түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 5 пайызга жогору. Бирок инфляция денгээли жогорулап, жай айларында ун баасы кескин көтөрүлүп, экономикада бир нече терс көрүнүштөр да орун алган.

Алгач негизги экономикалык көрсөткүчтөр тууралуу кеп кылсак. 2007-жылдын 11 айында жалпы экономикадагы өсүш 8 пайызды түздү. Бул былтыркыга караганда 5 пайызга жогору. Бул жылы калкка кызмат көрсөтүү, курулуш жана өндүрүш тармактарында алгылыктуу алдыга жылуулар орун алды. Орто маяна 21 пайызга жогорулап, 3800 сомдун тегерегин түзүп, ал эми катталган жумушсуздардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 4 пайызга азайган.

Өткөн жылда өлкө экономикасында бир канча орчундуу өзгөрүүлөр орун алды. Ирээти менен айтсак, жыл башында, тагыраак айтканда февралда кыргыз өкмөтү ХИПИК программасынан баш тартты. Карыз жүгүн жеңилдетүүчү бул программа эки жылга чукул талкууланып, акыр аягы мамлекеттин моюнундагы 2 миллиард доллардан ашык карызды ХИПИКсиз эле өз алдынча жоюу чечимин атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссия кабыл алган.

Андан соң жаз айларында Камбарата ГЭСтери тууралуу маселе парламентте талкууланып, жайда совет доорунда башталган бул станциялардын бүтүрүү чечими кабыл алынган. Адистер ГЭСтер иштей баштаса алардан бир топ эле пайда болот дешүүдө. Энергетика тармагындагы адис Райымбек Мамыровдун пикиринде мамлекет эгемендик алгандан бери экономикада Камбарата 2 ГЭСи сыяктуу ири улуттук долбоор ишке аша элек болчу:

-Камбарата ГЭСтеринен өлкөгө бир топ пайда түшөт. Жок эле дегенде беш-он миң жаңы жумуш орундары түзүлөт. Анан албетте ГЭСтер бир канча киреше алып келет, кошумча электроэнергия болот, аны сыртка сатсак эле канча пайда.

Дегени менен экономикада көңүл кейиткен терс көрүнүштөр да болбой койгон жок. Мисалы инфляция денгээли бир топ жогорулаган. Жыл башында Улуттук банк инфляция денгээли мыкты дегенде 4 пайызды, болбоду дегенде эле 8 пайызды түзөт деп пландаган. Ал маалда Улуттук Банктын төрагасы Марат Алапаев инфляция денгээли жылдын экинчи жарымында 5-6 пайызды тузөт деп ишенип атышканын билдирген..

Бирок Алапаевдин үмүтү аткарылбай, инфляция денгээли октябрда 20 пайызды чапчыды. Адистердин айтымында бул жай-күз айларында орун алган азык-түлүк, өзгөчө ундун кымбатташынын айынан болду. Мындай кымбаттоо ансыз да эптеп жашап аткан калкты бейпайга салып, экономикадагы бирден бир курч проблемага айланган эле. Кымбатчылыкка каршы алгачкы чаралар сентябрда көрүлгөн. Айдын башында Жогорку Кеңеш буудай жана үрөөн алууга бюджетке кошумча 750 миллион сом киргизүү тууралуу токтом кабыл алып, анын 600 миллионуна 50 миң тонна буудай сатып алуу чечилген. Андан тышкары жакыр делген 300 миң үй бүлөөгө арзан ун берилген.

Өлкөдөгү ун өндүрүүчү компанияларынын бири “Акун” ишканасынын жеткечиси Чыныбай Турсунбековдун айтымында ун баасы ноябрь айында ылдыйлады:

-Ноябрда ундун арзандаганы чын. Мурдагыга караганда бери дегенде 4-5 сомго түштү. Анткени буудайдын баасы арзандады.

Ишкерчилик тууралуу айтсак, быйыл бизнесмендер үчүн анчалык деле чоң өзгөрүүлөр болгон жок. 2007-жылы кабыл алынаары күтүлгөн салык кодекси 2008-жылга калды. Ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Үсөн Кыдыралиев өткөн жыл тууралуу буларды айтат:

-Жалпысынан өткөн жыл ишкерлер үчүн жаман жыл болгон жок деп ойлойм. Бирок бизнесмендердин мыкты иштешине жакшы шарттар түзүлүп, баары укмуш болуп кетти деп да айта албайм. 2005-жылы ынклаптан кийин ишкерлерде коркуу сезими курч болгон болсо, кийинки жылы деле кооптонуулар бар эле. Өткөн жылы болсо алдыга ири пландарды коюп, тынч иштегенге мүмкүнчүлүк болду.

Жалпысынан алганда өткөн жылы экономикада мына ушундай көрүнүштөр орун алды.

Кыргызстан - Санта Клаустун мекени (cүрөт баян)

Кыргыз бийликтери Кыргызстандын “Санта Клаус өлкөсү” деген туристтик атак наамын дүйнөгө жайылтуу үчүн маданий-туристтик иш чараларды баштады. Маданият министрлиги менен Туризм агенттиги “Кыргызстан Санта Клаустун өлкөсү” деген туристтик атакты жайылтуу боюнча 2008-жылы аткарылчу иш чаралардын планын иштеп чыгууга киришти.

Кыргызстанды Санта-Клаустун өлкөсү катары даңазалаган майрамдык иш чаралар 30-декабрда Бишкекте борбордук аянтта театрлаштырылган чоң оюн зоок менен башталды. Анда Санта Клаус жер жүзүндөгү бардык балдарга белек таратуу үчүн Кыргызстандан жөнөп жатканын көргөзгөн символикалуу салтанат көргөзүлдү. Бул иш чаранын башкы максаты - Кыргызстанды Санта-Клаустун өлкөсү катары дүйнөгө таанытуу болуп саналат. Декабрдын башында швециялык “Свеко” фирмасы атайын жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында Санта Клаус мурда айтылып келгендей Лапландия же Финляндияда эмес кыргыз тоолорунда жашайт деп жар салган. Анткени, алардын жүйөөсүндө Санта Клаус түндүк жакта жашаган болсо, ал жер шарын түгөл кыдырып бардык балдарга белек-бечкек таратып жетише албай калат экен. Дүйнөдөгү бардык балдарга барып жаңы жылдык белектер менен кубантуу үчүн Санта Клауска кыргыз тоолорунда жашаган ыңгайлуу экен. Бул кабарды Кыргызстан калпагын көккө ыргытып кубануу менен тосуп алган. Анткени, туристтик өлкө болгусу келген Кыргызстан үчүн мындай рекламанын мааниси зор деп белгилеп жатышат адистер.



















2007-ЖЫЛ КЫРГЫЗСТАНДА САЯСИЙ АКЦИЯЛАР МЕНЕН ӨТТҮ

Оппозициянын апрель митингисинин кууп таркатылышы, ШКУнун Бишкек саммити, референдум аркылуу конституциянын кабыл алынышы, парламенттик шайлоо - 2007-жылдагы Кыргызстандын саясий майданындагы ири окуялардан болуп калды. Бул жылы ар кандай кырдаалда төрт жолу өкмөт башчы алмашты.

Сөз башынан болсун. 2007-жыл Конституция тууралуу бүтпөгөн талкуулардын уланышы менен башталган.

2006-жылдын 30-декабрында Конституция мыйзамсыз кабыл алынды, ал долбоордо президенттин ыйгарым укуктары чоңойтулган дешип оппозициялык күчтөр жана бир катар укук коргоочулар Баш мыйзам долбооруна президент кол койгучакты каршылыгын көрсөтүшкөн. Президент Курманбек Бакиев Конституциянын бул долбооруна январды ортолоп барып кол койгон.

Баш мыйзам жаңырганда Феликс Кулов башында турган өкмөт бүтүн курамы менен кызматтан чегинген эле. Кийинчерээк президент Куловдун талапкерлигин эки жолу парламентке сунуштап, бирок экөөндө тең көпчүлүк депутаттардын колдоосун тапкан эмес.

Тандемдеши Бакиев премьер-министрликке кайра көрсөтөөрүнө Кулов үмүттөнгөнү менен президент саясий кырдаалдын оорлошуп кетерине шылтап, аны үчүнчү ирээт сунуштаган жок:

“Тандем боюнча өнөктөшүм менден кутулуунун ыңгайлуу учурун күтүп турат деп мага далай эле айтып келишкен” – деп Кулов билдирүү жасап, ушундан кийин келишкис оппозицияга өткөн.

Премьер-министрлик такка Куловдон кийин Азим Исабеков отурду. Исабеков ага чейин айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри болуп иштеп турган.

Ошол убакта тышкы карызын төлөөгө кудуретсиз жакыр мамлекеттер үчүн программа – ХИПИКке кирбөө маселеси дал ушул Азим Исабеков кыргыз өкмөтүнүн башында турганда чечилген. ХИПИКке кирүүгө каршы нааразылык иш-чаралардын демилгечиси жаштардын “Жебе” саясий кыймылы болгон.

Мындан соң Феликс Кулов баштаган оппозициялык күчтөрдүн “Кыргызстандын кең келечеги үчүн” деген ураан алдында Бириккен Фронт түзүлгөн. Фронт конституциялык реформаны талап кылып ири нааразылык иш-чара өткөрүүгө камдана баштаганда президент Курманбек Бакиев кырдаалды жумшартуунун аракетин кылып, оппозиция менен коалициялык өкмөт түзүү ниети бар экенин билдирип, “Реформа үчүн” кыймылдын лидерлерин бири Алмазбек Атамбаевди өкмөт башчы кылып дайындаган.

Бирок Атамбаевдин премьер –министр болушун анын айрым саясий тилектештери айыптап, муну президенттин кезектеги көз жазгырган саясий жүрүшү деп чыгышкан.

Бириккен фронттун мөөнөтсүз митинги апрелдин он биринде башталган. Каршылык иш-чарасы 19-апрелде кууп таратылып, Фронттун лидерлери жана айрым катышуучулары массалык баш аламандыкты уюштурду деп айыпталган. Акцияга чыккан төрт атуул төрт жылга кесилип кетти. Фронттун жаш канаты делген “Канжар” жаштар уюмунун жигердүү мүчөсү Адилет Айтиекеевдин иши дале сотто териштирилип жатат.

Ошондо эле айрым жаш саясатчылар мындан ары нааразылык акциясына чыккандарга куугунтуктоо өнөкөткө айланып, тыюу салынбаса экен деп кабатырланышкан болчу.

“Азыр күч колдонулду. Бийлик тарабынан колдонулган күч заматта эле натыйжасын берди. Эми мындан кийин күч колдонуу салтка айланып калышы мүмкүн. Балким кийин тынч митинг өткөрүү, өзүнүн оюн эркин бидирүүгө коркунуч туулуп калышы мүмкүн,”- деп билдирген “Эркин Муун” либерал жаштар альянсынын лидери Мирсулжан Намазалиев.

Айткандай эле ушул жыл этегинде, парламенттик шайлоонун так алдында Бишкек шаардык кеңеш нааразылык чаралардын өтүшүн чектеген токтом кабыл алып, эми мурдагыдай “Кетсин!” деген ураандарды жаңыртып, Алатоо аянтына миң сандаган элди жыйноо кыялдарда гана калды окшойт.

2007-жылдын жай ичи Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкек саммитин өткөрүүгө даярдык көрүү менен өттү десе болчудай. 16-августтагы Саммитке ШКУга мүчө алты мамлекет башчысынан сырткары ардактуу конок жана байкоочу болуп дагы төрт президент, эки мамлекеттин министрлери катышкан. Бул мартабалуу жыйында Кыргызстан өз пайдасына жакшы демилгелерди көтөргөн жок деген сыяктуу сындар айтылган менен, саммиттин ийгиликтүү өтүшүнө, анда кабыл алынган он документтке топук кылгандар көп болгон.

Сентябрда саясий майдан жанданып, Баш мыйзам чыры кайрадан тутанды. Депутаттар Кабай Карабеков менен Мелис Эшимканов ноябрь жана декабрь Конституцияларынын мыйзамдуулугунан шек санап Конституциялык сотко кайрылышкан. Сот ал долбоорлорду мыйзамсыз деп таап, натыйжада Кыргызстан мурунку президент Аскар Акаевдин доорунда 2003-жылы кабыл алынган Конституцияга аз убакытка кайтып келди.

19-сентябрда президент эл-журтка кайрылып, Конституция боюнча референдум өтөөрүн ачыктады. 21-октябрда бүткүл элдик добуш берүүгө президент сунуштаган Баш мыйзам долбоору менен Шайлоо кодекси коюлду.

Расмий бийлик чукул мөөнөттө өткөн референдум эң эле ачык, айкын болгонун, ага добуш берүүгө жарамдуу калктын сексенден ашыгыраак пайызы келип, шайлоочулардын көпчүлүгү Баш мыйзамды колдогонун жар салган. Оппозиция болсо бул жыйынтык алда канча апыртылганын, добуш берүү одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышкан.

Өлкө Конституциясынын тагдыры чечилип, референдумдун расмий жыйынтыгы толук чыга электе президент парламентти таркатып, партиялык тизме менен жаңы парламенттик шайлоо болоорун айтты. Бакиев депутаттарды кетирип жатып аларды бийликтин башка бутактарынын ишине ашкере кийлигишип, ээнбаш болчу деп айыптап, эмкисинде татыктуу адамдар депутат болот деп ишендирип өткөн болчу:

- Көп учурда Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө далалат кылып келди. Бийликтин башка бутактарынынишине кийлигишүү массалык, кээде жол берилгис мүнөздө жүрүп жатты.

Бул кайрылуудан соң көп узабай президенттин таламын талашкан саясий күчтөрдүн “Ак жол” партиясы түзүлгөн. Ал эми оппозициялык күчтөр “Ата Мекен” партиясынын туусу алдында шайлоого аттанышкан.

“Шашылыш жарыяланган шайлоолор оппозициялык күчтөрдүн биригишине түрткү болду. Биригүүнүн тилекке каршы бир гана жолу бар. Бул – тигил же бул партиянын тизмесине кирүү”, - деген “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев шайлоого баратып.

Жалпысынан парламенттик шайлоого элүү партия катышуу ниетин билдирген болчу. Эленип отуруп шайлоого алардын он экиси гана барды. Бийликчил “Ак жол” партиясынан кийин эле элдин эң көп добушун “Ата Мекен” партиясы топтогон эле. Бирок Ош шаарынан жарым пайыздык чектен өткөн жок делинип атамекенчилер парламентке кирбей калды.

Оппозициядагы ири саясий лидерлердин Жогорку Кеңешке келбей калганына “Ак жол” партиясынан депутат болгон Алишер Мамасалиев азыраак өкүнүчүн билдирген:

- Шайлоо - бул саясий күрөш. Жеңгендер бар, жеңилгендер бар. Албетте “Ата Мекен” партиясынын тизмесиндеги мен сыйлаган адамдар азыркы парламентке келип, өз салымдарын кошсо жакшы болот эле.

“Ата мекен” партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын, талаштуу аймактарда кайрадан шайлоо өтүшун талап кылып турган чагы.

Бир катар жаштар уюмдары жана партиялардын жаштар канатынын лидерлери шайлоо ыплас өткөнүнө кыжалат болуп “Мен ишенбейм” деген каршылык акциясын баштаган. Акция катышуучуларынын айрымдарын жана эки укук коргоочунун милиция кармап, алардын иштери сотко өткөн. Бирок жаштар мындай аракеттерди бийликтин коркутуп-үркүтүү амалы катары сыпатташып,баштаган аракеттеринен кайтпастыгын “Ата Мекен” партиясынын жаш лидери Жоомарт Сапарбаев билдирген болчу:

“Бул шайлоо адилет өткөн жок. Бул шайлоо эмес, жөн эле маскарапоз-шоу болду. Биз мыйзам кандай бузулганын өз көзүбүз менен көрдүк. Байкоочуларга кол көтөргөн учурлар болуп, зордук-зомбулук орун алды. Албетте биз буга каршыбыз. Биз дагы чыгабыз. Чыга беребиз. Анткени биз, жаштар тажадык. Шайлоого да, президентке да, бийликке да ишенбейбиз. Анткени бийлик өзүнүн “бетин” көрсөттү.”

Өтүп бараткан жылдагы көз токтотуп, сереп салчу окуялардан катарына мурунку президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаеванын депутаттыкка ат салышуу аракети менен байланышкан окуяларды, Таласта Алмазбек Атамбаевге жергиликтүү элдин кол салышын, Жогорку Кенештин маалымат кызматкери Жыпаргүл Арыковага тыңчылык кылды деп айыпталып жаткандыгын кошсо болот.


Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек

31-ДЕКАБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

1920-жылдын соңунда чыгарылган жыйынтыкка ылайык Кыргызстан аймагында бир канча маалымдоо каражаттары коомчулук керектөөсүн канааттандырып турган. Кыргыз мамлекеттик тарых музейи узак убакытка уланган реставрациялык иштен кийин, 1973-жылдын бул күндөрү тарых күйөрмандары үчүн эшигин ачты.

Совет бийлигинин адегендеги жыйынтыктары 1920-жылдын бул күндөрү чыгарылган. Пишпек уездинде малдын саны үч эсеге азайып, айдоо аянттары эки эсе кыскарган. Буудайдын баасы 25-30 эсеге көтөрүлгөн.

Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийинки экономикалык кыйынчылыкка карабастан жарык көргөн гезиттердин саны арткан. 1920-жылдын соңунда чыгарылган жыйынтыкка ылайык Кыргызстан аймагында бир канча маалымдоо каражаттары коомчулук керектөөсүн канааттандырып турган. Пишпек шаарында «Красная знамя», Токмокто «Вестник», Пржевальскиде «Голос пролетариата» гезиттери чыгарылган. Ал түгүл, Пишпек шаарында биринчи жолу «Юный пролетариат» аталыштагы журнал-гезит жарык көргөн.

Москва ооруканасында белгисиз жагдайда каза болгон М. В. Фрунзени эскерүү максатында 1925-жылдын бул күндөрү Кыргызстан борбору Пишпек шаарында музей ачуу талкуусу жүрдү. Белгилүү саясатчылар менен илим адамдары М. В. Фрунзенин киндик каны тамган там кайсыл экендигин тактоого киришишти.

Фрунзе шаарынын тургундары 1928-жылдын бул күнү квартира төлөмдөрнүн арткандыгы туурасында маалымат алышты. Эгер, жыл башындагы квартира төлөмү квадрат метри 39 тыйын болсо, жыл соңунда анын акысы 60 тыйынга көтөрүлгөн. Жаман адат Фрунзе шаардык жергиликтүү чарба бирдигине да өрнөк болуп, ала көрсөткөн кызмат акысы көтөрүлгөн.

Фрунзе шаардык бийлиги 1938-жылдын бул күндөрү борбор калаанын тратуарларында лыжа, коньки тепкендерге каршы чара көрүп баштады. Шаардык бийликтин чечимине ылайык, тратуарларында лыжа, коньки тепкендер шаар тургундарынын эркин басышына тоскоолдук келтирип, айрым убакта жаракат алдырып жатканы белгиленет.

Кыргыз мамлекеттик тарых музейи узак убакытка уланган реставрациялык иштен кийин, 1973-жылдын бул күндөрү тарых күйөрмандары үчүн эшигин ачты. Тарых музейи ал кезде эски имаратта орун алып, анын ичи-тышы ирээтке келтирилген. Имараттын чатырына купол орнотулуп, ал музейге тарыхый түс берген. Музейге коюлган жаңы экспонаттардан, арча табыттагы мумия жесити көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты.

СССР Сода министрлигинин буйругуна ылайык Фрунзе шаарынын магазиндери 1949-жылдын 31-декабрында кечки саат 22.00, азык-түлүк дүкөндөрү 24.00 убакытка чейин иштешти.

МЕДИНА: КЫРГЫЗСТАНДЫК ОН АЖЫ КАЗА БОЛДУ

Медина шаарында Кыргызстандан ажы сапарына кеткен адамдардын ону каза болду. Мурдагы көз жумгандар картайган адамдар болсо, бул жолку көз жумган адам 50 жаштан бир аз эле ашкан экен. Мединада зыяраттар уланууда.

Биз оболу Дилмурат-ажы Орозов менен сүйлөштүк. Ал пайгамбардын шаары аталган Мединада жүрүшкөндүгүн, Мекеден келгенине үч күн болуп калгандыгын, дагы 3 күндө Кыргызстанды карай жол тартаарын, учурда бир топ ажыны Мухаммед пайгамбардын мечити, кабыры сыяктуу ыйык жайларда ибадат кылдырып – баштап жүргөндүгүн, Мединада Мекеге караганда аябай салкын экендигин, айрым ажылар жөтөлүп-нетип аткандыгын кеп салды.

-Дилмурат-ажы, биздин кыргызстандык ажылар аман-эсенби?

- Дагы бир адам өттү. Аны дагы Жаннатилбахи деген ошол пайгамбарыбыз жаткан жерге катар жайгашкан кабырстанга койдурдук.

- Демек, бул 10-кыргызстандык ажынын көз жумушу экен да.

- Ооба, ошондой. Пайгамбарыбыздан хадис бар: “Кимде-ким Мединада көз жумса – мен кыямат күнүндө ушу Мединада өткөндөрдү биринчи шапаат кылам,” – деген.

- Дилмурад-ажы, ошо эң соңку көз жумган кыргызстандык ажы тууралу маалымат бере аласызбы?

- Муминов Рустам деген жигит эле. Бир аз жүрөгү ооруп жүрчү. Жашы 52де экен. Жалалабаддык. Биз өз колубуз менен узаттык - жаназасына туруп, топурак салып дегендей.

Андан кийинки байланышыбыз Медина шаарындагы Мухаммед пайгамбарыбыздын мечитинде ибадат жасап олтурган Рахматулла-ажы Эгембердиев менен болду. Андан Мединадагы ошо пайгамбар мечити тууралу сурадык:

- Бул өтө чоң мечит – пайгамбарыбыздын наамындагы куба мечити деп аталат. Мындан башка ушу Мединада эле – пайгамбарыбыз жашаган үйдүн жанында да пайгамбар мечити бар. Бул өтө зор мечит жөнүндө айтсак, 5 гектар аянтты ээлеп турат. Бул мечиттин ичинде намаз окуу, бата кылуу - өзгөчө нерсе катары сыпатталат. Азыр дагы курулуштар жүрүп жатат тегерегинде – мечитке тиешелүү. Жолдору аябай кең. Бирок, мечит жакка автоунааларды өткөрбөй тосуп коюптур быйыл, бул коопсуздук үчүн болсо керек.Мечитте жүз миңдеген мусулмандар бир эле убакта намаз окуй алышат. Көптөгөн дарбазалары бар. Он миңдеген автоунаалар үчүн токтотуп-коё турган жайлар бар. Даарат алчу жайлары төмөн жакта, үч кабат. Эсколатор менен түшүп даарат алып келесиң.

- Ырахмат.

2007-ЖЫЛ: УРУНТУУ КӨЗ ИРМЕМДЕР (сүрөт баян)

Президент Курманбек Бакиев 2006-жылдын соңунда удаасы менен оңдолгон башмыйзам окуяларын улай ошол кезде тандемдеши катары премьер-министр болуп турган Феликс Куловду кызматтан алып, анын ордуна аз таанымал Азим Исабековду премьер-министр кызматына дайындады.

Бир айча гана иштеген А.Исабеков да көп узабай кызматтан алынып, дароо оппозицияга оогон Феликс Кулов башында турган “Бириккен фронттун” митингилери маалында ошондогу оппозициянын ана башыларынын бири Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп калды. Ар кыл ресурстар колдо турган бийлик күзгө маал оппозиция алсырап, парламенттик шайлоого аз күн калганда А.Атамбаевди да кызматтан кетирип, шайлоодон ишенимдүү жеңип чыккан соң кыргызча билбеген мурдагы отун-энергетика министри Игорь Чудиновду премьерликке алып келди.









Бийликтен четтетилген экс-премьер-министр Феликс Кулов оппозицияга өтүп, мөөнөтсүз митинг жарыялады. Ордо калаанын борбордук аянтын бир канча күн ээлеп жатышкан оппозициянын тарапкерлерин кийинчерээк милиция көздөн жаш агызуучу ок менен атып, кууп таркатты.





Бийлик ШКУ саммитине кам көрүп жаткан маалда парламент кызматкери Жыпар Арыкованы Улуттук коопсуздук кызматы кармап, Кытайга жашыруун документтерди берип, тыңчылык кылган деген айып такты. Анын туугандары, бир катар депутаттар жана байкоочулар муну негизсиз кармоо деп чыгышты.



Август айында Кыргызстан ШКУнун кезектеги саммитин өткөрдү. Айрым байкоочулар бул саммиттин аркасы менен президент Курманбек Бакиев кыйла аброй топтоп, Орусия менен Казакстандын чоң колдоосуна ээ болгонун айтып чыгышты. Өлкөдөгү саясий окуялардын өнүгүшүнүн так ушул эки өлкөнүкүнө окшошуп жатышы да бекеринен эмес дешти.



Күз келип, жыйын-терин болгону менен азык-түлүк, тамак-ашка болгон баалар өсүп, элдин нааразычылыгын жаратты. Айрыкча нандын кымбатташына нааразы болгондор көп болду.



Президент Курманбек Бакиев референдум аркылуу баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, Шайлоо кодексин да оңдоп алды. Күтүүсүздөн парламентти таркатып жиберип, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо жарыялады. Шашылыш түзүлгөн президенттин “Ак жол” партиясы шайлоодо жеңип чыгып, парламентте дээрлик көпчүлүк орунга ээ болду. Ал эми анын жыйынтыгына нааразы болгон жаштар менен укук коргоочулар камалып, бир канча күн милицияда жатып, соттон гана бошой алышты.







“ЭМИ БИЗ ИШЕНБЕЙБИЗ!”

Жалалабат облусундагы бир катар шайлоочулар менен байкоочулар парламенттик шайлоонун ыплас өткөнүн айтып жатышат. Адам укугун коргоочу “Адилет-Справедливость” уюму, Бишкектеги “Мен ишенбейм!” деген акция катышуучуларына жасалган ыдык көрсөтүүлөрдөн улам интернетке, “Эми биз ишенбейбиз!” деген аталыштагы билдирүүсүн жарыялап жиберди. Мындай пикирлерди бийликтин саясатын жактаган жана расмий кызматтагы адамдар четке кагууда.

Облустагы бир катар жарандар парламенттик шайлоого ичи чыкпай, мыйзам бузуулар менен коштолгондугуна нааразы болушууда. Бийлик кызыкдар болгону үчүн “Ак жол” партиясынын пайдасына добуш бергендер көп болду. Ошол эле кезде ал партия үчүн “Ата мекен” партиясынын добуштары уурдалды. Мындай пикирин партиянын мүчөсү Калыбек Алиев ортого салды:

- “Ак жол” партиясынын адамдары бизге бере турган элдин добушун уурдап алды.

Шайлоонун калыс өткөндүгүнөн облустагы адам укугун коргоочу “Адилет” уюмунун өкүлдөрү да күмөн санашууда. Алар Бишкекте өткөн “Мен ишенбейм” аттуу акциянын катышуучуларынын абакка түшүп, кийин соттолгонун айыпташып, интернет баракчаларга “Эми биз ишенбейбиз!” деген билдирүүлөрүн да жарыялап ийишти. Ал тууралу уюмдун маалымат катчысы Абдымалик Шарипов буларга токтолду:

- Шайлоонун таза эмес өткөндүгүнө укук коргоочулар да ишенбейбиз. Бул оюбузду Бишкектеги кесиптештерибизге өкмөт тарабынан жасалган репрессиялык ыкмалар да тастыктап турат. Башка укук коргоочулар менен интернетке “Эми биз ишенбейбиз!” деген билдирүү таратканыбызга жогоркудай жагдайлар түрткү берди.

Байкоочу Бактыкан Жапарованын шайлоого ишенбей турганына административдик ыкмалар колдонулуп, жарандар жакшы катышпаса да кошумча добуш берүүлөр себеп болгон. Өкмөттүк кызматкерлер “Ак жол” партиясына жан тартышкан:

- Комиссиянын курамындагы адамдар “Ак жол” партиясынын кызыкчылыгы үчүн бир канча жолу кайра-кайра киргизүүлөрдү уюштуруп, мыйзам бузуулар байкалып турду. Ачык-айкын, одоно түрдө шайлоо мыйзамдары катуу бузулду. Шайлоо таза өттү деп ишене албайбыз.

Бирок мындай ойлор менен бийликчил адамдар макул эмес. Облустук бийликтин кызматкери Кыял Жумабаева шайлоонун таза өткөндүгүн байкоочулар да ырастап жатпайбы деген пикирин билдирди:

- Болуп өткөн шайлоо мурунку шайлоолорго салыштырганда таза, ачык өттү. Туура эмес өттү дегендерге кошулбайм. Бийликтегилер шайлоого аралашкан жок.

“Ак жол” партиясынын облустагы төрагасы Абдымалик Бектемировдун пикири боюнча партиянын чоң жеңиши шайлоого чейинки элдин маанайынан эле билинген:

- Оппонент партияларыбыздын бизге койгон кинелери негизсиз. Биздин шайлоочуларыбыз абдан көп экени шайлоого чейин эле элдин маанайынан билинип турду.

“ЭЛ ҮНҮ”: ЭЛДЕР 2007-ЖЫЛ ТУУРАЛУУ

“Эл үнүнө” кайрылган угармандарыбыз өтүп бараткан 2007-жыл ар кандай саясий оюндарга бай болгонун, саясий карама-каршылыктар күч болуп, өлкө экономикасына жакшы көңүл бурулбагандыгын, кымбатчылык желкелеп эл турмушу оорлогонун, өкмөт улам-улам алмашып, референдум, шайлоо сыяктуу иш-чаралардын чыры көпчүлүктүн көкөйүнө тийгенин айтышты. Ошондой эле бир катар адамдар жаңы жылды кандай тосо турушканын айтып, калоо-тилектерин да билдиришти. (IJz)

"АТА МЕКЕНДИН" ЖОГОРКУ СОТТОН ДА ЖОЛУ БОЛБОДУ

29-декабрда Жогорку Сот “Ата мекен” социалисттик партиясынын арызын канааттандырбай, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 23-декабрдагы чечимин күчүндө калтырды. Социалисттер Ош шаарында парламент шайлоонун жыйынтыктары апачык бурмаланганын ырастап, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарууну өтүнүшкөн. Жогорку сот талаштуу маселе жеринде чечилиши зарыл экендигин белгилеп, партиячылардын арызын четке какты.

Кыргызстандын Жогорку соту «Ата мекен» социалисттик партиясынын көзөмөл үчүн берилген арызын канааттандырган жок.

- Соттук ишти карап, көзөмөл үчүн берилген арыздагы жүйөөлөрдү угуп, сот коллегиясы Шайлоо кодексинин 55-беренесин негизге алып, Жарандык-процессуалдык кодекстин 356-, 358-беренелерине таянып чечим кылат: Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунун 23-декабрдагы ушул иш боюнча чечими өзгөртүүсүз калтырылсын,- деп Жогорку Сот чечимин ишти көзөмөл иретинде караган коллегия башчысы Айжамал Ажыбраимова билдирди.

«Ата мекен» социалисттик партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Ташболот Балтабаев Баткен облусундагы шайлоонун жыйынтыгы көзкөрүнөө бурмаланганын, миңдеген добуштар башка партиялардын пайдасына кошулуп кеткенин, бирок да анын акыйкатына жетүү азыркы шартта мүмкүн эместигин айтат.

- Толгон-токой фактыларды, документтерди келтирип жатабыз. Алар бир формалдуу нерсеге такап, эмне үчүн убагында Ош шаардык шайлоо комиссиясын сотко бербейсиңер, алар силерди ушинтип шайлоо жыйынтыктарын бурмалаган дешет. Кантип арыз беребиз? Бир да кабар ала албaсак, расмий документ ала албасак?

Ушу тапта чоң талашты чыгарып жаткан Ош шаарында деле «Ата мекен» социалисттик партиясы кыйла добуш алганын ырастаган шайлоо комиссияларынын төрагалары, байкоочулардын колу коюлган шайлоо протоколдорунун көчүрмөлөрү бардыгын партия төрагасынын орунбасары Дүйшөн Чотонов ырастады.

- Менин эсебимде Ош шаарынан 8 – 9 миң добуш алганбыз. А биздин колубузда турган протоколдор боюнча 3290 добуш алганбыз. Бир эле биз эмес, бир катар эларалык байкоочулар, эркин байкоочулардын колу коюлган протколдор бар. 200 жакын протоколдор бар. Ошол протоколдордун жыйынтыгы, чечими менен биз 3290 добуш алганбыз. Кыргыз эли мындай кордукту 2000-жылы А.Акаевди президент шайлоодо бир көрдүк эле. Эми мына өзүбүз алып келген К.Бакиевдин бийлиги тушунда да көрүп жатабыз.

«Атамекен» социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин айтуусунда, Ош шаардык шайлоо комиссиясынын чечимин шайлоо өткөндөн бир жумадан кийин соттун кийлигишүүсү менен гана алышкан.

- Мына ошол жерде бурмалоолор болгону, «Ата мекен» социалисттик партиясынын мүчөлөрү алган протоколдор менен дал келбестиги ачык эле көрүнүп турду. Бизде 5 уюмдан, 82 участоктон алынган протоколдор бар.

Партиянын саясий кеңеш мүчөсү Кубатбек Байболов акыйкатка жетүү мүмкүн болбой калгандыгын айтып, «Ата мекен» социалисттик партиясын парламентке келтирбеш амалында Ош шаарынан болбосо башка жеринен дагы бир шылтоо табышат эле деген пикирде.

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Канатбек Абдыкулов гана Жогорку Сот туура чечим кабыл алганын билдирди.

- Сот чечими тууралуу кантип айта алам? Процессуалдык мыйзам негизинде соттун чечими туура эле чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Ош шаарында шайлоо кандай өткөнү, анын жыйынтыктары бурмаланганын же бурмаланбаганын билбей тургандыгын айтуу менен чектелди. Жогорку Сот «Ата мекен» социалисттик партиясынын парламент шайлоонун жыйынтыктары бурмаланышын ырастаган доо-арызын оң чечкен жок.

"АТА МЕКЕН" ЖОГОРКУ СОТТО ДА ЖЕҢИЛДИ

Бул тууралуу партиянын өкүлү Чолпон Жакупова билдирди. Белгилүү болгондой «Атамекен» партиясы 16-декабрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Райондук сот арызды канааттандырган эмес. Партия апелляциялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылган. Жогорку Сот арызды кароону 29-декабрга белгилеп, бүгүн карады. Бирок партиянын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Сотко Өмүрбек Текебаев баш болгон «Атамекен» партиясынын лидерлери катышты. Алар соттун чечимине кескин нааразылыгын билдирип, жаз айларында калк ичинде нааразылык күчөшүн, андан улам массалык толкундоолор болушу толук ыктымалдыгын, азыркы парламент өкүм-зордук менен гана келгендигин баса белгилешти. Ал эми мындан мурда өлкө башчысы Курманбек Бакиев, парламент төрагасы Адахан Мадумаров, БШКнын төрайымы Клара Кабилова баш болгон мамлекеттик жетекчилер шайлоо акыйкат, ачык, таза өткөндүгүн айтышкан. Мындай баага КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар да кошулганы менен ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдар 16-декабрдагы шайлоонун жыйынтыгын сынга алышкан.(AiT)

“КОЛДО БАР АЛТЫНДЫН БАРКЫ ЖОК”

Кыргыз Республикасынын эл артисти, мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Казак Республикасынын эмгек сиңирген артисти Саламат Садыкова менен кабарчыбыз Балбай Алагушов баардашкан.

“Булбул үнү так кайтпайт” дегендей 30 жылдан бери мукам үндүү ырчы-аткаруучу, Кыргыз Республикасынын эл артисти, мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Казак Республикасынын эмгек сиңирген артисти Саламат Садыкова бүтүндөй күлгүндөй чыгармачылыгын, өмүрүн кыргыздын нукура элдик салттуу ырларын калың калктын катмарына жайылтууга арнап келүүдө. Ал ырларды комуздун, фольклордук, эстрадалык топтордун, оркестрдин коштоосунда ырдайт. Элдик ырчынын жаркын шыгы Кыргыз Улуттук филармониясынын “Камбаркан” этнографиялык-фольклордук ансамблинин босогосун аттаган күндөн жанар тоодой жалбырттай жанат. Ал бул жаматта 20 жылдан ашык иштеди. Таанымал ырчы аталган жылдардын аралыгында кыргыз эле эмес, ондогон чет өлкөлөрдүн угармандарына өзүн гана эмес, кыргыз деген улутту да таанытты.

Саламат башка ырчылардан айырмаланып өздүк репертуарын улуттук салт ырларынын уюткусун түзгөндөн аваздык көркөм боекторго сугарылган терең обондуу бийик мазмундуу ырлар менен байытып, такай изденүүнүн сапарында чабак уруп, тигил же бул угуучунун руханий жан дүйнөсүн асылдантууда.

- Саламат айым, өзүң теңдүү профессионалдык, элдик ырчылардан айырмаланып, өздүк репертуарыңды такай жаңы чыгармалар менен байытып, ар дайым изденип жүрөсүң. Соңку кезде чыгармачылыгыңда кандай жаңылануулар, кандай жаңылыктар бар? Ошолор тууралу угармандар менен ой бөлүшө кетсеңиз?

- Ырахмат агай. Акыркы кездеги жаңылыгым сизге маалым. Үстүбүздөгү жылдын жаз айында америкалык музыка изилдөөчү Марк Хамфри Бишкекке келип менин аткаруумдагы он тогуз чыгарманы М.Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын алдындагы студиядан СДге жаздырдым. Бул жаңы альбом. Азыркы кезде альбом Америкадан чыкканы турат. “Кыргыз үнү” деген ат менен жарык көргөн. Аны дагы Марк Хамфри чыгарган эле. Быйыл мен эки клип тарттырдым. Биринчиси Р.Абдыкадыровдун “Периштем” аттуу ыры. Аны режиссер Сагын Ниязалиева тартты. Экинчиси “Ак сүйүү сенин көзүң жок” деген лирикалык ырды Оштогу “Двиди” деген студия тартты. Аны дагы телекөрүүчүлөр көрүп жатышат. Булардан сырткары Рыспай Абдыкадыровдун “Жолугарым билгемин” аттуу ырын үчүнчү жолу жаңы өң, түс берип, жаңы оранжировка менен ырдап чыктым. Аны “Акмарал” бий ансамблинин оркестринин дирижеру Чолпонкул Райымкулов иштеп чыкты.

Саламат айым, америкалык музыка изилдөөчү Марк Хамфри чыгара турган альбомго кимдердин ырлары кирди?

- Адам «көрө-көрө көсөл болот» дегендей бара-бара тажрыйба топтоп бышып калат экенсиң. Жаңыдан чыга турган аьбомума элдик классикалык ырларга көбүрөөк орун бердим. Себеби чет өлкөлүк угуучуларга жана чет өлкөлөрдө жашаган кыргыздарды эске алдым. Атайдын “Эсимдесин”, Ж.Шералиевдин “Түшүмдөсүн”, Муратбек Бегалиевдин “Тагдырым болчу сен менин”, Бектемир Эгинчиевдин “Алымканын” ж.б. кыргыз угармандары уга элек ырларды киргиздим.

- Ар жыл сайын чет өлкөгө гастролго чыгып жүрөсүң. Быйыл да бардыңбы?

- Ооба, кудая шүгүр! Быйылкы жыл мен үчүн жемиштүү жыл болду десем жаңылышпайм. Казакстандын Астана шаарында биринчи жолу эл аралык улуттук кийимдерди даңазалоо боюнча модельерлер менен Бүткүл дүйнөлүк фестиваль болду. Мен ага улуттук кийимдерди өзүнө жарашыктуу кийип жүргөн ырчы катары Астанадан чакыруу алып катыштым. Өзүмдүн костюмдарым менен Р.Абдыкадыровдун “Жолугарым билгемин” аттуу ыры менен сахнада өз өнөрүмдү тартууладым. Казак туугандар чет өлкөлүк меймандар абдан жылуу кабыл алышты. Кипр өлкөсүндө болдум. Үрүмчү шаарындагы телевидениенин жетекчилеринин чакыруусу менен ал жакта сапарда болдум. Ырчы, аялзаты катары жакшы кабыл алышты. Булардан сырткары Кореянын Сеулунда дүйнөлүк чеберлери аттуу фестивалында резюме тапшырдым. Ага катышуу үчүн 90 өлкөнүн чеберлери резюме тапшырыптыр. Алардын ичинен өзүнүн өлкөсүн тааныта билишкен 30 өлкөнүн музыканттары, ырчылары ж.б. катышышты. Эң жогорку шкалага 20 мүнөт бериптир. Калгандары 10-15 мүнөт экен. Мен 20 мүнөткө туура келип, кыргыздын ырларын даңазалоого мүмкүнчүлүк алдым. Угуучулар өтө жогорку деңгээлде кабыл алышты десем жаңылышпайм.

- Саламат айым, Кыргыз Улуттук филармониясынан иштеп кеткениңе 5-6 айдын жүзү болуп калды. Иштен кетишиңе эмне себеп болду?

- «Оруну жашырса өлүм ашкерелейт» дейт экен. Ачык айтсам өзүмдү анча-мынча арзан кишилерге теңелбей иштен кетпей койсом деп ойлогомун. Бирок чечкиндүү чечим кабыл алууга мажбур болдум. Менин чыгармачылыгыма, тагдырыма кызыгып сурап отурганыңызга чоң ырахмат. Бүгүнкү күндө менин тагдырыма кызыккандар көп болуп жатат. Мен май айынан бери Улуттук филармониядан иштен кетип жумушсуз жүрөм. Акыркы бир жылда эч бир концерттерге катышпай эле филармониядан кирип чыгып калгамын. 2-3 жолу филармониянын директору мырза Керим Тураповго: -Эмне үчүн концерттерде ырдабай калдым – деп сабырдуулук менен кайрылып, - Өзүңүз деле ырчысыз, эмне үчүн филармониянын ичиндеги концерттерге кошулбайм, десем: - Мен билбейм, мен билбейм деп сүйлөшкүсү келбей, ушундай текеберленип, жетекчилик абалын, бийлигин ашкере пайдаланды. Мен Эл артисти деген наамды бекеринен албасам керек. Керимдин адам менен адамдай сүйлөшпөгөнүнө моралдык жактан аябай басмырланып калдым. Себеби мен жогорку жетекчилерге жакпайт экемин. Андай болбошу мүмкүн. Бардык балээнин баары өзүңдүн ичиңден чыгат тура. Керимдин мага болгон ичинин таза эместигин далилдеди да. Ачыгын айтсам, менин чыгармачылымды көрө албастыктын, ич күйдүүлүктүн кесепетинен келип чыкты.

- Мына май айынан тартып филармониядан иштен кеткенден бери Маданият жана маалымат министрлиги, же жогорку Акүйдө отурушкан жетекчилер тарабынан сенин тагдырыңа кызыккандар болдубу?

- Чынын айтсам билсе да билмексен, көрсө да көрмөксөн, укса да укмаксан болуп, кулактарын жаап коюп отурушат. Мен болсом аманчылыкты, ден-соолукту тилеп калдым. Бардыгын аманчылык көрсөтөт, жеңет. “Замандын күзгүсү замандаш” дегендей азыркы маданияттын чылбырын мыкчып отурушкан замандаштарымдын адамдык аброюна, абийирине койдум.

Саламаттай булбул таңшык ырчынын тагдырына кызыгышпай “колдо бар алтындын баркы жок”,- дешип угушса да укмаксанга салышып келе жатканын атка минер жетекчилердин жоруктары жолдо калсын дегенден башка эмне демекчибиз.

2007-ЖЫЛ САЯСИЙ САЛГЫЛАШТАРГА БАЙ БОЛДУ

Өтүп бараткан 2007-жылы Кыргызстанда урунттуу кандай саясий окуялар болду? Ал мурдагы жылдардан эмнеси менен айырмаланды?

Өтүп бараткан жылдын мурдагы жылдан башкы айырмачылыгы беш премьер-министр алмашканы болду. 2006-жылдын этегинде жаңы Конституциянын кабыл алынышы 24-марттан кийинки президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев менен тандем түзүп өкмөт башчы болгон Феликс Куловдун кызматтан кетишин шарттады. Темир Феликс парламенттен колдоо таба албай калып, ордуна президент менен губернатор кезден чогуу иштешип келаткан Азим Исабеков келди. Жаңы Конституцияга ылайык өкмөт түзүмүн негиздөөчүлөрдүн бири Исабеков Кулов жактаган HIPC программасына каршы чыккан өкмөт башчы болду. Карыздан кутулам деп HIPC программасына кирүү кыргыздын намысына тиет деп эсептеген коомчулук президент менен өкмөт акыркы сөзүн айткыча байма-бай акцияларды уюштуруп турушту.

2006-жылкы ноябрь митингдеринде оппозициянын ана башында турган «Социал-демократтар» партиясынын лидери Алмаз Атамбаевдин өкмөткө келишине апрель митингдери түрткү болду. Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов баштаган «Бириккен фронт», «Реформа үчүн!» кыймылынын аны колдогон канаты бийликтен чукул Конституциялык реформаны, президент Курманбек Бакиевдин кызматтан кетишин талап кылып, 9-апрелде узак мөөнөттүү митинге чыгышты. «Биз эки жылдан бери реформа деп таңдайыбыз кургаганда кетсинге өттүк», «Акүйдөн карга-кузгундар кетсин!», «Бакиев кетсин!» деген саясатчылардын чакырыктарын жер-жерлерден келгендер кубатташты. Ушундай маанай менен акүйдүн жанына бозүй, чатырлары менен жайгашкан элди күч бийлиги 19-апрелде көздөн жаш агызчу куралдардын жардамы менен кууп таркатып, чатыр, бозүйлөрдү аянттан заматта тазалап салышты.

Алмаз Атамбаев бул ирет Феликс Куловго караганда Курманбек Бакиевге көбүрөөк ыктап, бул өз кезегинде анын премьер-министрликке келишин шарттады. Атамбаев премьер болгон жарым жылга жакын мезгилде кымбатчылык күчөп, инфляция өстү. Бирок президент Атамбаевди кетирип жатып, ал экономиканы турукташтыруу, конституциялык реформа жүргүзүү милдеттерин аткаргандыгын жар салды.

Ошентип, Атамбаев президент өзүнө каршы күчтөрдү жоошутуп, убакытты утуу максатында пайдаланган кезектеги саясатчы болду. Иш жүзүндө Социал-демократтардын лидери даярдаган баш мыйзамдын жаңы редакциясы Конституциялык сотко барган бойдон ың-жыңсыз кетти. Анын ордуна Конституциялык сот мурда оппозицияда жүргөн депутаттар Мелис Эшимканов менен Кабай Карабековдун арызынын негизинде 2006-жылдын этегинде удаа кабыл алынган эки конституцияны тең жокко чыгарды. Бул президент Бакиевдин кийинки чукул чечкиндүү кадамдарына жол ачып берди. Президент дароо партия түзүп, конституциянын жаңы редакциясын, аны менен кошо шайлоо кодексин даярдап алып референдумга чыкты:

- Элдин ишеничин акташыбыз керек. Элдин ишеничи кете элек. Биз ишенебиз ушу бийликке деп атышат,- деди ал референдумда добуш берип чыккандан кийин.

Референдум өтөрү менен Жогорку Кеңешти таратып, парламенттик чукул шайлоо жарыялады. Президенттин мындай ишенимдүү аракеттерин байкоочулар Орусиянын колдоосуна жорушту. Дегеле Бакиевге он президенттин катышуусунда өткөн ШКУнун августтагы Бишкек саммити олуттуу аброй жыйнап берди. Бул саммитте Орусия президенти Кыргызстанга 2 млрд. доллар инвестиция берүүгө даяр экенин билдирди. Орусия, Казакстан өңдүү мамлекеттерге ыктап баратканын Бакиев референдум алдында «Ак жол» партиясын түзүү аркылуу дагы бир ирет ырастагандай болгон. Бакиевдин партиясы шайлоодо 71 мандат топтоп берди. Бир топ байкоочулар бул партия шайлоого катышып жаткан СДП төрагасы Атамбаев кеткенден кийин бийлик ресурстарын атаандашсыз, ээн-эркин пайдаланды дешти.

Атамбаевдин ордуна премьердин милдетин аткарууга убактылуу келген Искендербек Айдаралиев айрыкча Таласта «Ак жолго» жакшы колдоочу болуп бергени айтылды. Президенттик партия лидерлери шайлоо тыянагы чыкканга чейин эле өз жеңиштерине бекем ишенимде болушту. Партиянын атын атабаганы менен иштерман партияны колдоорун президент 16-декабрдагы шайлоодо добуш берип чыккандан кийин журналисттерге билдирди:

- Жаңы парламент башкача парламент болот. Бул парламентке жаңы күчтөр, жаңы адамдар, жаштар, аялзат, башка улуттун өкүлдөрү келет. Экинчиден, мен добуш бергенде дагы иштермандардын партиясына добушумду бердим.

Ал эми кийинчерээк Жогорку Кеңешке төрага болгон Адахан Мадумаров парламент өңчөй «Ак жолдон» куралат деген ишенимин да 16-декабрда айтып жиберди:

- Жашырбай эле коеюн кээ бир учурда ичте бир партиялуу болуп калабы деген да божомолдор бар. Эбегейсиз чоң колдоого ээ болуп атабыз.

Бирок парламентке «Ак жол» менен кошо Социал-демократтар, Коммунисттер партиялары калган 19 мандатты бөлүшүп келип калышты. Муну байкоочулар чыныгы оппозицияны өткөрбөө үчүн «Ак жолдун» жең ичинен макулдашылган формалдуу тандоосунун тыянагы катары баалашты. Шайлоочулар арасында таасири күчтүү саналган, жарышта «Ак жол» менен үзөңгүлөш келаткан оппозициялык «Ата мекен» партиясы марага чыккан жок. «Ата мекендин» тарапкерлери, байкоочулар, алар менен катар ЕККУнун байкоочулары, АКШ парламенттик быйылкы шайлоону одоно мыйзам бузуулар менен коштолгон, административдик күчкө салынган шайлоо болду деп тыянакташты.

Мандатка ээ болгон партиялар болсо дароо Жогорку Кеңештин, өкмөттүн түзүмүн аныктап, жаңы өкмөт башчылыкка Игорь Чудиновду сунуштап, төрагалыкка экс-мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровду шайлап, жаңы жылдык эс алууга тарап кетишти.

БШК төрайым Клара Кабилова шайлоону жыйынтыктап атып, «Шайлоо ачык-айкын, бардык демократиялык принциптерди сактоо менен өттү» деди.

«Ата мекен» партиясы өз кезегинде шайлоо тыянагын БШКдан көз карандысыз чыгарып, парламенттик шайлоону тааныбай тургандыгын жарыялады:

- Бул шайлоо эмес. Мындай шайлоо Кыргызстандын тарыхында да, дүйнөнүн тарыхында да болуп көргөн эмес. Бул шайлоо эмес эле ашепке, теңдеши жок зөөкүрчүлүк,- деп билдирди партиянын талапкерлер тизмесинде экинчи турган саясатчы Кубатбек Байболов.

Бирок добуштар эбегейсиз одонолук менен уурдалды деп кайрылгандардын бири да сот тарабынан канааттандырылган жок. Шайлоонун тыянактарына нааразылык билдирип, партиянын 14 аял лидери ачкачылыкка чыгышты. Митинг, пикет өткөрүү аракеттери жасалып, бирок алар кармоолор, камоолор, соттошуулар менен коштолду.

«Мен ишенбейм» акциясына катышкан 16 жаран жаза алганга үлгүрдү. Милициянын мындай батыл аракеттерине Бишкек шаар бийлигинин шайлоо алдында кабыл алган нааразылык акцияларын иретке келтирүү боюнча токтому негиз болуп берди. Шайлоодон кийин Каракол шаарында нааразылык акцияларын өткөрүүгө кичи стадионду чектеп, караколдук депутаттар Бишкек шаар кеңешине тилектештик билдиришти.

Дегинкиси 2007-жылы саясий кылмыш иши жыйырмадан ашык адамга тагылды. Алардын көпчүлүгүнө "апрель митингдеринде, Кеминдеги депутаттыкка шайлоодо массалык баш аламандык уюштурду, Таласта мамлекеттик ишмерге, атап айтканда өкмөт башчы Алмаз Атамбаевге кол салууга аракет жасады" деген айыптар коюлуп, алды соттолуп, арты дале соттук териштирүүлөрдө жүрүшөт. Ошол эле учурда 19-апрелде массалык баш аламандык уюштурду деп айып тагылган саясатчылардын бири Өмүрбек Субаналиев президенттик администрацияда коопсуздук жана коргонуу бөлүмүн башкарып калды. Ал эми Феликс Кулов менен Өмүрбек Абдырахманов саясий ишмердүүлүгүн улантышууда. Кемин окуясында башкы күнөөкөр саналган экс-президенттин кызы Бермет Акаева 16-сентябрда Казакстанга чыгып кетти. Ушундай көрүнүштөргө көз салган укук коргоочулар жылы бою бийликти өлкөнү саясий соодалашуунун очогуна айландырды деп сындап келишти. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдырасулованын айтымында:

- Аксы боюнча прокуратура саясий чечим кабыл алса, Бермет Акаева боюнча коопсуздук кызматы саясий чечим кабыл алса. Ошол эле иштер боюнча Жогорку Сот саясий чечим кабыл алса, бизде анда мыйзамдуулук жок да.

Белгилүү укук коргоочу, кийин Социал-демократтар партиясынын жооптуу катчысы болуп жүрүп, шайлоо мезгилинде бюллетень чатагы боюнча кылмыш козголгон Эдил Байсаловдун өлкөдөн чыгып кетиши жылдын таңгалычтуу окуяларынын бири болду. Экс-президент Аскар Акаевди өлкөдөн качып кетти деп сындап жүргөн Байсаловдун кайда экендигин партиялаштары билишпейт. Бирок партия анын күнөөсү жок деп айтуудан тажаган жери жок. Баш прокуратура Байсалов шайлоо бюллетенин мөөнөтүнөн мурда коомчулукка жарыялап жиберип, мамлекетке 11 млн. сомдон ашык чыгым алып келди деп кылмыш козгоп, издөө жарыялады. Социал-демократтар партиясына ушул эле себепке байланыштуу 20 миллион сом доо коюлууда. Ошол эле учурда Кыргызстандын жараны эмес деп шайлоодон четтетилген СДП төрага орун басары Өмүрбек Бабанов Жогорку Сотто бардык укуктарын кайра кайтарып алды. Ошону менен бирге ал өзүнө таандык депутаттык мандатын Роза Отунбаевага берип, бир топ саясий упай топтоп алды.

Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпаргүл Арыкованын мамлекетке чыккынчылык кылды деп камакка алынышы жылдын чуулгандуу окуяларынын бир болду. Жайында камакка алынган журналисттин кылмыш иши качан аяктай турганы белгисиз. Бул аралыкта байкоочулардын кыйласы журналистти саясий оюндардын курмандыгы катары баалашты.

КАРАМАЙ КАМЫЛГАСЫ - БУРГУСУ БАШТАЛДЫ

Кыргызстан аймагында карамайдын ири запастары бардыгын окумуштуулар кыйладан бери айтып келатышат. Бирок да болжолдонгон жерлерде табигый байлыктын бар-жогун аныктоого азырынча өлкөнүн каржылык да, техникалык да мүмкүнчүлүгү чектелүү. “Кыргызнефтегаз” акционердик коому жыл аяктап бараткан чакта Ташкөмүр шаарынан анча алыс эмес жердеги Борке участогунан бургулоо ишин баштоодо.

Бургулоо иштери башталып-баштала электе айрым маалымдоо каражаттарында Аксыдан карамай чыкканы жар салынып кетпеспи. Жыл соңунда күйүүчү-майлоочу майлардын баасы сөзсүз кымбатташынан жүрөкзаада көпчүлүктүн көңүлү бурган ал кабарды адистердин өзү четке кагып, азырынча бургулоо иштери гана башталганын билдиришти. “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун вице-президенти Тимур Мураталиевдин айтуусунда, жумуш жаңыдан башталып аткан чагы.

- Бул чалгындоо үчүн бургулоо. Кечээ биз бургулоочу жабдууларды коюп ишти баштадык. Азырынча бир метр жер да казыла элек.

Антип жаңы иштин жаңырыгы алыска таралышынын олуттуу дегидей себеп-жөнү бар. Экономикалык оорчулуктун айынан Кыргызстандагы жападан-жалгыз мамлекеттик ишкананын иши анчалык жүрүшпөй, кыйла жылдарын “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” менен өткөрүп келгени деле көпчүлүккө дайын. Маалыматка караганда, кенчилер эмдиги жылдын июль айына чейин 3200 метр тереңдикке чейин текшерип көрүшмөкчү.

Т.Мураталиевдин ырасташынча, тоонун түгөнүшүндөгү кен чыгышы ыктымал жерлердин кыйласы изилденүүдө.

- Тоонун түгөнүшү деп коет да. Ошол жерлерде калдыктар чогулуп, топтолуп калган жерлерде кен бар дешет. Баары эсептелип, сандары жазылган. Эми бул болжолдуу гана нерсе да.

Фергана тоолорунун этегинде эле эмес, тоо менен ойдуң ортосунда карамай менен газдын ири кендери болуп калышын окумуштуулар кыйладан бери айтып келатышат. Аны академик Апаз Бакировдун да ырастаган жайы бар. Анын айтуусунда, карамай менен газдын ири кендери тирешкен тоолордун түгөнүшүндө, деңиз, көлдүн калдыктары топтолгон жерлерде кезигет. Кыргызстандын тоолору түндүк менен түштүктөн жылган жер кыртыштарынын кысылышуусунан келип чыккан.

- Бул теория менен дүйнөнүн көп жеринде иштешет. Анан да тоолордун арасынан карамай таап жатышат. Болгондо да ири кендерди ачышууда. Мына ушул теорияга ылайык биздеги кен чалгындоо иштеринин багыты өзгөрүлдү. Мурда Фергана тоолорунун түгөнүшүнөн карамай татбышса, ал жерде азыраак карамай бар, бирок да бургулоо иштерин ортодон баштоо керек деп эсептешчү. Негизги геологиялык изилдөө иштери борбордук бөлүктө жүргүзүлчү,- деп айтты А.Бакиров.

А.Бакиров Кыргызстандын тоолорунда пайдалуу кендердин ири запастары болушу мүмкүн деп эсептейт.

- Ошондуктан геологиялык жагынан алганда Кыргызстан аймагында карамайдын көп запасы топтолгон.

Боркедеги чалгындоо-иликтөө иштеринин натыйжасы кандай болорун так айтыш кыйын экендигин Кыргызстандын Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директор орунбасары Наби Эшназаров да ырастады. Анын маалымдашынча, Кыргызстанда кен чыгышы ыктымал жерлерде чалгындоо-изилдөө иштерин жүргүзүүчү биртоп компанияларга укук берилген. Ал эми Боркедеги терең бургулоо иштеринин натыйжасында ал жерден карамай чыгып калышы деле ыктымал.

- Ыктымалдыгы, албетте, бар. Жаңы карамай кени табылып калышы деле ыктымал. 300 метр бургулаганда белгилүү болот. Эмдиги жылы июль айнда бүтөт турбайбы. 3200 метр деп жүрөт. Балким, ошондо жаңы кен болушу ыктымал. Ошондо так айтса жарашат. Азырынча жаңы кен табылды деп айитышка эрте.

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун директору Кадырбек Сакиев эгемендик алгандан кийинки өлкө туш келген кыйынчылыктардын бири өз күчү менен пайдалуу кендерди чалгындоо-изилдөө, иштетүү проблемасы болууда, деген пикирде.

- Эми биз карамай, газ боюнча кадрларга көп көңүл бурушубуз керек.

“Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун вице-президенти Тимур Мураталиев быйыл кен чалгындоо иштери кыйла жанданганын, жыл башынан бери 12 миң метрден ашуун бургулоо жумуштары бүтүрүлгөнүн маалымдады. Мурдагы жылдары ашып барса 200 метр, ал эми кээде эч кандай бургулоо жумуштары жасалбай келатканын эсепке алганда, бул дурус дегидей көрсөткүч. Эмдиги жылы ал дагы көбөймөкчү, деп маалымдашты акционердик коомдун кеңсесинен.

ЧЫЧКАН ЖЫЛЫ ЧЫР-ЧАТАКТАР ТОКТОП, ТОКЧУЛУК БОЛОБУ?

Айгүл Жунушалиева, Бишкек Келе жаткан жыл чыгыш төлгөсү боюнча чычкан жылы. 2008-жыл тууралуу астрологдор эмне дешет? Жыл бою бизди ийгилик коштоп жүрүүсү үчүн жаңы жылды кантип тосуу керек?

Чычкан камдуу, эмгекчил жана акылдуу жандык эмеспи. Андыктан келе жаткан жыл токчулуктун, бейкутчулуктун жылы болот дешет астрологдор. Ошондой эле жаңы жылда көптөргө байлык топтогонго жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылат дейт астролог Нина Криницкая:

- Чычкан амалкөй, кыймылдуу жандык да. Андыктан келе жаткан жылы биз да иштерди бүтүрүү үчүн көп чуркашыбыз керек болот. Адамдар менен мурдагыдан көбүрөөк жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Ошон үчүн башкалар менен тил табыша билген, атка жеңил тайга чак мобилдүү адамдарды келе жаткан жылы ийгилик коштойт. 2008-жылы турак-жай маселесин оңой-олтоң чечип алса болот. Эгерде үй алып-сатып, же оңдоону каалагандар болсо, анда келе жаткан жылы чамдасаңар ишиңер оңунан чыгат. Анан албетте чычкан, бул байлыктын жана токчулуктун сиволу. Демек, байлык топтоп, үйүнө оокат жыйып, кымбат буюм-тайымдарды сатып алуу үчүн ыңгайлуу жыл.

Астрологдун айтымында 2007-жылы кара күч эмес, акылдын жардамы менен иш кылгандардын, бизнес кылам дегендердин ити чөп жейт. "Чычкан кооз, шөкөттөлгөн нерселерди жактыргандыктан, биз да өзүбүзгө көбүрөөк көңүл буруп, сулуулукту арттыруу үчүн аракеттерди жасасак, алар текке кетпейт",- дейт Нина Криницкая.

Ал эми жаны жылда өлкөнүн тагдыры кандай болчудай? Саясат майданында окуялар курчуйбу же тескерисинче тынчтык өкүм сүрөбү?
Астролог буларды айтат:

- 2007-жылы саясаттагылар тынчыйт деп айта айлбайм. Ар кыл саясий оюндар токтомок тургай кайра күчөшү мүмкүн. Саясатта, экономикада, иши кылып негизги олуттуу тармактарда көптөгөн өзгөрүүлөр орун алат. Ал окуялар албетте жөнөкөй калкка түздөн-түз таасирин тийгизет.

Кыскача чычкан жылынын мүнөздөмөсү ушундай. Ал эми кытайлыктардын байыркы фэн-шуй илими боюнча адис Альфия Ханмурзина келе жаткан жылы бизди ийгилик коштоп жүрүүсү үчүн 2008-жылды тосуунун жол-жобосу тууралуу сөз кылат:

- Жаңы жыл бизге ийгиликти, жакшылыктарды алып келсин десенер, анда эскилиги жетип, кереги жок болуп калган кийим-кече, буюм-тайымдардан арылуу зарыл. Майрамдык столго сөзсүз кышкыга даярдап койгон салат же туздалган жер-жемиш коюлушу керек. Көбүрөөк камыр тамактар, таттуу нандардын түрлөрү, ичимдиктерден болсо жүзүмдөн жасалагн шарап болсо болот. Анан албетте чычкандын сүйүктүү тамагы-сырды столго коюуну унутпаңыздар.

Ал эми жаңы жылды тосуу салтанатында боз, сары, кызыл түстө кийинип, чычкан жылын жалгыз эмес, сөзсүз түрдө жакын адамдар менен тосуу керек дешет астрологдор.

ӨЗБЕКСТАН ГАЗДЫН БААСЫН ДАГЫ КЫМБАТТАТУУДА

Жаңы жылдан тарта Өзбекстан жаратылыш газын Кыргызстанга азыркыдан дагы бир жарым эсеге кымбаттатып, миң кубометрин 140-145 доллардан сата турган болууда. Бийлик өкүлдөрү Кыргызстан башка мамлекеттерге караганда Өзбекстандан газды арзан алууга жетишкенин айтууда. Бирок айрым серепчилер газдын баасы кымбатташын эки өлкө ортосундагы экономикалык алаканын начардыгынан, кыргыз бийлигинин өзбек тарап менен теңата сүйлөшө албаганынан көрүп жатышат.

Газдын баасы боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр акыркы бир канча күндөн бери жүрүп, кыргыз тарап алгач эмки жылы газдын миң кубометрин 130 доллардан алууну болжоп жаткан. Сүйлөшүүлөр кыйынчылык менен жүрүп, өзбек тарап акыры Кыргызстанга газдын миң кубометрин 140-145 долларга сатууга токтогон. Маалыматтарга караганда, Ташкенде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан «Кыргызгаздын» башчысы Саламат Айтикеев өкмөт менен макулдашуу үчүн кечээ Бишкекке келип, бүгүн келишимге кол коюу үчүн кайра Өзбекстанга жөнөп кеткен.

Газдын баасы боюнча кыргыз тарап Өзбекстан менен макулдашууга жетишкенин премьер-министр Игорь Чудинов бүгүн «Азаттыкка» берген маегинде билдирди:

- Өзбекстан менен газ боюнча келишимге бүгүн кол коюлат. Келерки жыл үчүн газдын миң кубометринин баасы 140-145 доллар боло турган болду.

Премьер-министр ошондой эле кыргыз тарап газды башка өлкөлөргө караганда арзан алууга жетишкенин белгиледи. Маалыматтарга караганда, Өзбекстан бул бааны Орусияга 160 долларга, Тажикстанга 180 долларга чейин көтөргөн.

Бирок айрым серепчилер баанын кымбатташын кыргыз бийлиги Өзбекстан менен теңтайлаша сүйлөшө албаганынан көрүүдө. Маселен, Кыргызстандын мунай сатуучулар ассоциациясынын төрагасы Базарбай Мамбетовдун пикиринде, бизде да бул маселеде кошуна өлкөгө таасир көрсөтүүчү экономикалык таянычтар бар:

- Кептин баары биз жогорку деңгээлде сүйлөшө албаганыбызда болуп жатат. Кыргызстанда көп рычагдар бар да, эң негизгиси суу, арзан электр кубаты жана биздин аймак аркылуу Өзбекстанга өткөн газ, мунай куурлары. Ушуларды колдонуп туруп эле өзбек тарапка «силердин Орусия, Тажикстан менен болгон мамилеңерди билбейбиз, бирок биз менен башкача мамиле кылгыла», - деп айта албай жатпайбызбы. Биздин бийликтин алсыздыгы ушунда болуп атат, баарын салмактап туруп, «силер адеп эле газдын баасын көтөрө бергениңер болбойт» деп айтканга биздин бийликтегилердин тили да бурулбай, күчү да жетпей жатпайбы…

Дагы бир экономикалык серепчи Айылчы Сарыбаевдин пикиринде, газдын баасынын кымбатташы эки өлкө ортосундагы мамиленин начардыгынын жана өкмөттүн экономиканы башкара албаганынын натыйжасы болууда

- Кыштын кыраан чилдесинде минтип газдын баасы бир жарым эсеге кымбатташы биздин мамлекеттин экономикалык жана энергетикалык саясатын жүргүзгөн адамдардын компетентсиздигин көрсөтүп жатат. Бул жерде эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык мамилелердин начардыгы көрүнүп турат. Маселени эки тарап үчүн ыңгайлуу кылып чечсе болот эле, андай механизмдер бар. Тек гана биздин өкмөт экономиканы башкара албаганынан улам ушундай жыйынтыкка келип жатабыз.

Айылчы Сарыбаев ошондой эле газдын баасы кымбатташы башка баалардын кымбатташына да таасир этип, элдин акыбалын ого бетер начарлатышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Ошентип Өзбекстан газдын баасын жыл санап кымбаттатууда. Маселен, Кыргызстан 2005-жылы бул өлкөдөн газдын миң кубометрин 42 доллардан сатып алган болсо, 2006-жылы бул баа 55 долларга, быйылкы жылы 100 долларга жеткен. Эми келери жыл үчүн бул баа ошентип дагы бир жарым эсеге көбөйө турган болууда.

НАКЕН КАСИЕВ: ЧУДИНОВ ЧЕКЕ ЖЫЛЫТАРЛЫК ИШ БҮТҮРГӨН ЭМЕС

“Элет” партиясынын лидери Накен Касиев парламенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен барган. Ал шайлоо өнөктүгүн уюштурган Нарын областында “Ата Мекен” партиясы көп добуш алып, алдыга чыккан. Бирок жалпы шайлоонун жыйынтыгында бир аймактан жарым пайыздык чектен өтө алган жок деген негизде БШК “Ата Мекен” партиясын депутаттык мандаттан кур койду. Накен Касиевдин көз карашында буга чейин кыргыз элинин турмушунда мынчалык ыплас шайлоо болгон эмес.

- Парламенттик шайлоо акыйкат, калыс өттү деп расмий бийлик жарыялап чыкпадыбы. Сиз ошол шайлоонун өтүшүнө кандай баа бересиз?

- Бул шайлоо деген аты калды, бирок заты жок. Акыркы 17 жылда эң ыплас жана административдик күч менен өткөн шайлоо болду. Биз үмүт, тилек менен жашап аттык эле, бирок мындай шайлоо өтөрүнө акыл, ой да жеткен жок эле.

- Айрым талдоочулар парламенттик шайлоодо бийлик түндүк-түштүк маселесин ого бетер курчутуп жиберди деген пикирлерин айтышууда. Ал эми бийлик партиялык тизме менен шайлоо жер-жерге, уруу-урууга бөлүнүүгө бөгөт болот деп чыгышпады беле. Ушул маселеге да токтоло кетсеңиз?

- Чынында ушундай ой-тилек өзүң-өнүп өскөн мамлекетти ушундай жолго алып бара турган жакшы процесс эле. Бирок тилекке каршы, мен жогоруда айткандай, шайлоо болбой эле буйрук менен парламентке келген адамдардын курамы, ошол убактагы түндүк-түштүк процессиндеги болуп аткан административдик кысымдар ажырымды күчөтүп койду деп толук айта алам.

-Жогорку Кеңеш “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү менен түзүлбөдүбү. Айрым байкоочулар мунун чөнтөк парламент деп айтып чыгышты. Сиздин баамыңызда “Ак жол” партиясы учурдагы экономикалык кризистен алып чыга алабы?

- Менимче андай кудурети жок. Ошол парламентке келген адамдарга көз чаптырып көрсөм, толук кандуу, экономиканы оңдой турган мыйзам алууга булардын чамасы жетпейт. Экинчиден, бул адамдардын көпчүлүгү экономикадан алыс жана бүгүнкү саясаттагы терең талдап ала турган адамдар азыраак, тилекке каршы.

- Жаңы өкмөттүн курамына сиздин көз карашыңыз кандай?

- Жаңы өкмөттө 3-4 гана адам алмышты, мурунку өкмөт калды негизинен. Премьер- министрибиз болсо Чудинов деген мырза шайланыптыр. Бул адам буга чейин Кыргызстанга чеке жылытаарлык иш жасаганын көргөн жок элем. Энергетикада анча-мынча алаксып жүргөн. Бирок Чудинов келгенден кийин эле менимче Россия менен болгон алака күчөйт, экономикалык өсүш болот деген сөздөр менимче жалган. Экинчиден, Чудинов мырза премьер-министрдин деңгээлине чейин бир топ иш кылып, экономиканын көзүн тааныгыча дагы 1-2 жыл өтөт. Менимче бул жагынан биз жаңылдык. Үчүнчүдөн, саясат жагынан, албетте, президентке өзүнүн талапкерлигин келечекте кое албаган, мамлекетти өздөштүрө албаган адам. Ошондуктан бул жагынан мурунку бийликтин Танаевди премьер-министр кылганы менен айырмасы жокко эсе дейм.

- Айрым талдоочулар божомолдорун айтып атышат, келерки жылы жаз айларында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болушу мүмкүн деп. Ушул божомолго кандай кандай көз караштасыз?

- Мен бул божомолдун негизи бар деп ойлойм. Себеби бүгүнкү премьер-министрдин шайланышы ошол жака ыктагансып турат. Себеби көз көрүнө жол тазалап, ушул шайлоо кандай күч менен өтсө, ошондой күчкө салып президенттик шайлоону өткөрүшкө аракет кыла турган болуп калды бийлик. Бул өтө олдоксон жана туңгуюктуу саясий жол деп эсептейм мен.

- Мына жакында эле “Акыйкат үчүн” коомдук уюм түзүлбөдүбү. Ушул коомдук уюм бийликке канчалык таасир бере алат?

- Эгер бийлик ушундай күч менен, карасанатайлык менен кетип отурса, таасири деле аз болот. Бирок бүгүнкү элдин арасында чыңалуу, нааразылык, айрыкча референдум менен парламенттик шайлоодо болгон саясий өтө калпыс иштер элди иренжитти. Ошондуктан бул коом мыйзамдуу жол менен бийликтин жасап аткан ишин түзөөгө гана аракет кылышат. Бирок эгер бүгүнкүдөй кырдаалда биздин республикада саясат кете бере турган болсо булардын деле колу-бутун байлап коет го деп ойлом мен.

- Маегиңизге ырахмат.

12:38 И.Чудинов: Акылбек Жапаров ушул министрликке көбүрөөк керек болду

"Апрель айында өкмөт кандай түзүмдө жана курамда болсо, ошону сактоого аракет кылдым,- деди Игорь Чудинов «Азаттыкка» берген интервьюсунда. -Анткени баардык эле министрлер 6 айдын ичинде өзүн көрсөтүүгө жетише алышкан жок. Ошол эле маалда жылдын жыйынтыгы да иш жакшы эле жүргөнүн көргөздү. Ошентсе дагы айрым өзгөрүүлөр болду, алсак, көптөн бери Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги майнаптуу иштей албай келген. Мен Акылбек Жапаровдун тажрыйбасын, беттегинен кайтпаган максаткөйлүгүн эске алып, аны бул кызматка сурандым. Анткени, бул жерде анализ, чоң тажрыйба керек болуп жатат". (КО)

12:18 И.Чудинов: "Максим Бакиев менен досчулук байланышым жок"

"Мен Максим Бакиев менен болгон мамилемди достук же жолдоштук мамиле деп айта албайм, - деди И.Чудинов «Азаттыкка» берген интервьюсунда.- Калган министрлер кандай деңгээлде тааныса мен деле Максимди президент Курманбек Бакиевдин баласы катары тааныйм. Анны менен андан башка мамилем жок,"- деп кошумчалады өкмөт башчысы.
Игорь Чудинов бул кызматка дайындалганда айрым оппозиционерлер анын Максим Бакиев менен досчулук мамилеси бар болуш керек деген пикирди айтышкан эле. (КО)

12:15 И.Чудинов: 24-декабрга чейин менин премьер-министр болоорум мага белгисиз болду

БИШКЕК. "24-декабрга чейин премьер-министрликке көрсөтүлүп жатканым мага белгисиз болчу. Андан кийин гана мени «Ак жол» партиясы өкмөт башчылыкка көрсөтүп жатканы белгилүү болду. Андан соң мен президент К.Бакиев менен жолуктум",- деди премьер-министр Игорь Чудинов «Азаттыкка» берген бүгүнкү интервьюсунда. (КО)

ИГОРЬ ЧУДИНОВ: ТАШКЕН МЕНЕН ГАЗДЫН БААСЫН МАКУЛДАШТЫК

Бүгүн Премьер-министр Игорь Чудинов бул кызматка дайындалгандан кийинки биринчи интервьюсун «Азаттыкка» берди жана ал Кыргызстанга Өзбекстандан келе турган 1000 кубометр газдын баасы 140-145 доллар болоорун билдирди. "Бул башка мамлекеттерге караганда газ бул мамлекеттен арзан алынып келээрин айтып турат",-деди И.Чудинов. Анын айтымында, эгер буга чейин элге газдын бир кубометри 6 сомдон сатылып келсе, эми анын баасы 7 сомдун айланасында болмокчу.

- Премьер мырза, бул кызматка сунушталганыңыз сиз үчүн канчалык күтүүсүз болду? Президент К.Бакиев менен кандай байланышыңыз бар? Сизди президенттин уулу Максим Бакиев менен жакын дос деп айтышат, ушул чынбы?

- Менин дайындалышым боюнча басма сөздө, интернетте ар кандай маалыматтар болду. Ачык айтканда ишемби күнгө чейин, 24-декабрга чейин менин премьер-министрликке көрсөтүлүп жатканым мага белгисиз болду. «Ак жол» партиясынын жыйыны алдында менин өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жатканым белгилүү болду. Андан соң президент Курманбек Салиевич менен жолуктум. Менин Максим Бакиев менен болгон мамилеме келе турган болсок, аны менен болгон мамилемди мен достук же жолдоштук мамиле деп айта албайм. Албетте калган министрлер кандай деңгээлде тааныса мен деле Максимди президент Курманбек Бакиевдин баласы катары тааныйм. Бирок андан тышкары аны менен менин достук же жолдоштук мамилем жок.

- Мына кечээ гана министрлердин жаңы кабинети белгилүү болду. Өкмөт кайсы критерийлердин негизинде куралды?

- Апрель айында өкмөт кандай түзүмдө жана курамда болсо, ошону сактоого аракет кылдым. Анткени баардык эле министрлер 6 айдын ичинде өзүн көрсөтүүгө жетише алышкан жок. Ошол эле маалда жылдын жыйынтыгы да иш жакшы эле жүргөнүн көргөздү. Ошентсе дагы өкмөттө айрым өзгөрүүлөр болду. Алсак, көптөн бери Өнөржай жана соода министрлиги майнаптуу иштей албай келген. Ошол себептен мен Акылбек Жапаровдун дарамет - тажрыйбасын, беттегинен кайтпаган максаткөйлүгүн эске алып аны бул кызматка сурандым. Анткени, бул жерде анализ, чоң тажрыйба керек болуп жатат.

- Кыргызстан КМШнын көпчүлүк мамлекеттеринен экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрү боюнча артта калган. Мына менин колумда турган статмаалыматтар боюнча, Кыргызстан өнөржайынын өнүгүү темпи боюнча артынан санаганда төртүнчү орунда. Ушундан улам менин суроом – кайсы тармактарга сиз артыкчылык бериш керек деп ойлойсуз?

- Мен сиз мисалга тарткан маалыматтар менен макулмун. Ошентсе дагы биздин республика башка бир айрым мамлекеттерге окшоп газ, мунай сыяктуу жаратылыш байлыктарына ээ эмес. А ал өлкөлөр болсо ошол кенбайлыктарынын эсебинен Ички дүң продукциясын өнүктүрүп, казынасын толтуруп жатат. Бизде тилекке каршы, андай мүмкүнчүлүктөр жок. Бизде башка байлыктар бар, бул – биринчиден, асыл адамдарыбыз. Мыкты кадрларыбызга, интеллектуалдарыбызга таянышыбыз керек. Ошол себептен биз бир нече тармактарда катуу иштешибиз зарыл. Мисалы, айыл чарбасында. Кайра ишететип, өндүрүү аркасында айылчарбасын көтөрүп, көпчүлүк кыргызстандыктардын жашоо-турмушун жакшыртуу керек. Албетте, биз тоо-кен өндүрүшүнө жана минералдык кен байлыктарды казууга басым жасайбыз. Ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө көңүл бурабыз. Азыр биз Орто Азиядагы бейиштей эле кооз жерде жашап жатабыз. Бизде жаратылыштын көз жоосун алган жерлери көп. Ошол эле маалда биз аларды көздүн карегиндей сактоого аракет кылабыз. Анан албетте гидроэнергетика тармагы биздин өкмөттүн көңүл чордонунда тура турган тармак болмокчу.

- Центерра менен түзүлгөн жаңы келишимге ылайык эми Кыргызстанга Кумтөрдүн 60 миллиондой акциясы таандык болмокчу. Бул байлыкты өкмөт кантип башкарганы жатат? Экономиканын өнүгүүсү үчүн алар канчалык деңгээлде майнаптуу пайдаланылат?

- Албетте биринчи кезекте Центерра менен түзүлгөн жаңы келишимди парламенте ратификация кылып алышыбыз керек. Мен өкмөттү Жогорку Кеңеш бул маселеде колдоого алат деп ишенем. Анткени биздин республика үчүн бул өтө чоң байлык, акциялардын бүгүнкү баасы менен эле эсептегенде ал 800 млн. доллар каражат. Албетте, келечекте акциялардын баасы мындан ары дагы өсөт деп ишенем. Кантип пайданууга келе турган болсок – биз ал акцияларды өлкөнү өнүктүрүү фондусу аркылуу башкарабыз. Жана аны мамлекеттик деңгээлдеги ири-ири долбоорлорго салабыз.

- Ал каражаттарды ким кантип башкарат?

- Өнүктүрүү фонду менен. Анын Көзөмөл кеңеши болот, менин оюмча, аны президент башкарышы керек, анткени бул өтө олуттуу маселе. Ал эми акцияларды башкаруучу бир киши болот, ал киши болсо президентке түздөн-түз баш ийет. Ал эми фонддун кайсы багытта иштээри тууралуу өкмөт биз өз сунуштарыбызды берип турабыз. Мындан тышкары акциянын бир бөлүгүн фондулук биржа аркылуу элге сатсакпы деген сунуш-пикирлер бар. Башкача айтканда, элдин өзү элдин байлыгын башкарууга түздөн-түз аралашкандай болот. Кыргызстандын жарандары бул долбоордун акционерлери болуп, анын өнүгүшүн көрүп, ошол эле маалда жоопкерчилигин дагы өздөрү сезгендей болсо деген сунуштар айтылып атат.

- Ал эми башка бир алтын кени Жерүй боюнча кандай пландарыңыз бар? «Глобал голд» компаниясы менен ишти уланта береби кыргыз өкмөтү?

- Менин дайындалганыма 2 гана күн болду. Мен Жерүйдү иштетип жаткан компаниялардын өкүлдөрү менен азырынча жолугуп, сүйлөшө элекмин. Албетте, мага ал жактагы абал боюнча маалыматтарды беришти. Эми Жаңы жылдан кийин ал компаниялардын жетекчилиги менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөбүз.

- Сыртта кыш кычырап турат, азыр көпчүлүк кыргызстандыктарды газ эмдиги жылы болобу, болсо баасы канча болот деген суроо катуу кызыктырып жатат. Өзбекстан менен газ боюнча сүйлөшүүлөр аяктадыбы?

- Буга чейин газдын баасы боюнча өтө этият айтып келгем. Бирок бүгүн мен ал маалыматты так айта алам. Газ боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр сентябрдан бери жүргүзүлүп келген. Өзбек тарап миң кубометр газ үчүн 185 доллар сурады. Сүйлөшүүлөр оор болду. Мен бүгүн газ боюнча келишимге кол коюлат го деп турам. «Кыргызгаздын» жетекчиси ал документке кол коюш үчүн Ташкенге кетти. Эми биз Өзбекстандан газдын миң кубометрин 140-145 доллардан сатып алабыз. Орусия болсо ушул эле өзбек газын 160 доллардан алуу боюнча келишимге кол койду. Ошентип биздин баа сунуш кылынган баалардын ичинен өтө кымбаты эмес.

- Камбарата ГЭСтерин куруу иштери кандай абалда жүрүп жатат? Сиз бул жаатта буга чейин дагы иштеп келгенсиз да?

- Камбарата -1 ГЭСи боюнча азыр технико-экономикалык негиздерге чейинки долбоорлор иштелип жатат. Ал иштер 2008-жылдын декабрында гана аяктайт. Ал эми Камбарата-2 ГЭСи боюнча айта турган болсом – ал жерге техника сатылып алынды. Керектүү темир-тезектерди сатып алуу боюнча келишимдерге кол коюлду. Андан тышкары 78 миң тонна цементти сатып алууну сүйлөшүп койдук. Жумушчулардын шаарчасын кура баштадык, ашкана даяр болуп атат. Эң негизгиси – Бурийский ГЭСинде – Орусияда иштеп аткан кыргызстандык 100дөн ашуун ГЭС адистери Камбаратага кайтып келишти. Чилденин күчү кайтып, март айы башпактаганда биз ишти кызытабыз. Иш негизинен өзүбүздүн күчүбүз менен жүрүп атат. Бирок ишти тездетиш максатында, өзгөчө жер астындагы иштерди ылдамдатыш үчүн казактсандык, орусиялык адистерге кайрылып атабыз.

- Премьер мырза, Кыргызстан кайсы мамлекеттер менен экономикалык кызматташтыгын арттырыш керек деген ойдосуз?

- Кыргызстан бир-эки мамлекет менен эле чектелип калбаш керек. Өз ара пайдалуу сунуштарды айткан баардык тараптар менен кызматташа беришибиз зарыл. Албетте, биздин негизги өнөктөштөрүбүз болуп Казакстан менен Орусия кала бермекчи. Анткени бул деген биздин айылчарба продукцияларыбыздын кенен базары. Биз дагы алардын күч-кубатына муктажбыз. Биз ошондой эле ынтымак-ырашкерликтеги мамилени Өзбекстан менен дагы түзүшүбүз керек. Шанхай кызматташтык уюму дагы бар. Кыргызстан – Борбор Азиядагы кичинекей мамлекеттердин бири, ошол себептен биз баардык тараптар менен жемиштүү иштей беребиз. Кыргызстандын экономиканы көтөрсөм деген тилеги чоң, ошондон улам баардык биз менен кызматташкысы келген мамлекеттер менен мамиле түзөбүз.

- Жаңы Салык кодекси качан кабыл алынат, ага ылайык карапайым элдин жүгү жеңилдейби?

- Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке биринчилерден болуп сунушталганы турат. Эң негизгиси Салык кодекси баардык элге түшүнүктүү болуп, кайчы талкуу, карама-каршылыктары жок болсо деп эсептейм. Ага жараша биздин ишкерлердин иши алга жылууга тийиш. Ишкерлердин айрым салыктарын азайталы деп жатабыз. Анын аркасында салык алына турган жаңы булактарды ачышыбыз керек. Менин оюмча бул Салык кодекси ишкерлердин колу-жолун ачышы керек.

- Премьер мырза, акыркы суроом – мамлекеттик тилди үйрөнүп жатасызбы? Сиз бул кызматка дайындалганда сиздин кыргыз тилди билбегениңиз тууралуу маалыматтар айтылды?

- Мен министр кезимде мамлекеттик тилди окуп-үйрөнүүгө күн сайын бир сааттан убакыт бөлүп келгем. Азыр болсо убактым тарый баштады, ошентсе дагы мен тилди үйрөнүүгө аракет кылып атам. Мен үчүн бул өтө маанилүү. Мен албетте чоң-чоң докладдарды илимий тилде окуй албайм, андай деңгээлге жетишим кыйын го, бирок мен тилди карапайым эл менен сүйлөшүп, пикир алышуу максатында окуп атам. Бул өтө маанилүү, мен ал максатыма жетем деп ойлойм.

Маектешкен Кубат Оторбаев, Бишкек

“ИГОРЬ КОШУУНУ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ”

“Агым” гезити “Мамлекеттик тилди билбеген Игорь Чудиновдун өкмөт башчылыгына дайындалышына кандай ойдосуз?” деп суроо салганда КР президентине караштуу мамлекеттик тил бюонча улуттук комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагулов, Чудиновдун бул кызматка дайындалышы Кыргыз респбуликасынын Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамынын 8-беренесине карама каршы келет. Демек бул жерде Конституция бузулду. Ал киши кыргызча сүйлөй албайт, жаза да албайт, керек болсо кыргызча үйрөнгүсү да келбейт. Бүгүн Кыргызстанда 73 пайыз калк кыргыз тилинде сүйлөп, кыргыз тилинде жазат, Игорь Чудиновдун дайындалышында ушул 73 пайыз калктын кызыкчылыгы эске алынган жок, деп айтса, жазуучу Токтобай Мүлкүбатов, азыр элдин баары эле көчөдө нааразы болуп жүрөт Акаев Конституцияны бузуп Танаевди дайындады эле, Бакиев кудум ошол жолго түштү деп. Биздин Башмыйзмада президент, премьер-министр, Жогорку сот төрагасы, Баш прокурор жана спикер дегендер мамлекеттик тилде эркин сүйлөй да, жаза да билиш керек деп жазылган. Ошондуктан бул туура эмес чечим,-десе, БШКнын экс төрагасы Сулайман Иманбаев: -Көз карашым түз. Орус болсо да, кыргыз болсо да эл үчүн иштеп берсе болду,-деп айтты. Ал эми чекист, генерал Мирослав Ниязов:-Анын дайындалышы президенттин өзүнө атаандаш болбосун деген ниетке байланыштуу. Кыргыздан дайындаса эртең шайлоодо өзүнөн президенттикти талашышы мүмкүн. Ошондон кутулуунун оңой жолу ушул. Мыйзам бузулду деп жатпайсыңарбы? Ой, айткылачы, качан биз мыйзам чегинде жашадык эле?-деп айтты.

“Жаңы кылым” гезити жаңы парламенттин жарык дүйнөгө келишин “Кошелек парламенттен-колхоз-коммунисттик парламентке” келгендей болду деп баа берип, Жогорку Кеңеш СССР убагында Жогорку Совет деп аталчу, аты эле болбосо заты азыркы парламентке окшош эле, эч качан каршы, калыс деген болучу эмес, мыйзамдар 100 пайыз добуш менен кабыл алынчу. Эми Б.Бешимов менен И.Масалиев эле каршы чыкканы болбосо баягы 100 пайыз добуш дайым даяр,-деп жазды.

Ушундай эле суроого жооп издеген “Аалам” гезити өз окурмандарына кайрылганда белгилүү социолог, мударис Кусейин Исаев, мен улутчул, мыкты кесипкөй адамдарды көргүм келди эле, тилекке каршы бүгүнкү Жогорку Кеңеш интеллектуалдык деңгээли боюнча өткөн парламенттен төмөн болуп калды десе, экс-депутат Бегиш Ааматов, бул деген шайланган эмес, дайындалган парламент болду дейт. КДК төрагасы Ж.Жекшеев, бул шайлоо эмес эле жалаң эки жүздүү, өз намысын такыр унуткан, соодалашкан, бийликке корооңорду шыпырып берем дегендей убада берген адамдар, шайлоодон өтпөй калган партиялар келишти, бүгүнкү парламенттей эң булганч жол менен келген парламент кыргыз тарыхында болгон эмес, бийлик элдин пикирине түкүргөндөй болду деген оюн айтса, “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев, мыйзам чыгарууга жөндөмдүү, Кыргызстанда болуп аткан бардык нерселердин болгонун болгондой тайманбай айта турган, эл үчүн кызмат кыла тургандарды көргүм келди эле. Бирок, “Ак жол” кара жол менен келди. 100 миңдеген добуштарды башка партиялардан уурдап алды. Жазылып турган антты дурус окуй албагандар келиптир. Арасында жөндөмдүү 5-6 гана киши бар деди. Ушул эле санга белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун “Баш менен жандүйнөнү тазалаш керек” деген баарлашуусу да басылды.

“Эски жыл эмнеси менен эсте калды? Жаңы жылдан эмне күтөсүз” деген суроо менен “Заман Кыргызстан” гезити да кайрылды. Суроого жооп берип жатып “Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри” Өктөмхан Абдуллаева, жакшы эле жыл болгонун, министрлик пенсия, пособие берүүдө жылды карызсыз аяктаганын, келерки жыл да ошондой болорун айтса, Би-Би-Си дүйнөлүк кызматынын кабарчысы Султан Жумагулов, жеке турмушунда салып аткан тамынын эки бөлмөсүн бүтүргөнүн, мамлекет боюнча алганда саясатчылар Кыргызстандын тагдыры менен опуртал ойноп жатышканын, өлкөсү үчүн башын канжыгага байлаган журт башчылары жоктой сезилгенин, келаткан жылдын тынч болоруна көзү жете бербесин, эски бийлиги да, эмики бийлиги да элге демократияны кеп кылып, иш жүзүндө өз билгенин жасаганга маш чыкканын, андан көрө ачык эле “ биз өлкөнү авторитардык режим менен оңдойбуз” деп өз стратегиясын ачык айтса жакшы болмогун белгилеп, Султан мырза, бийликтегилер “ээн ооздук болуп кетти, демократия жаман экен” деп айтышат, демократия жаман болсо Батыш эмне үчүн гүлдөп атат, Демократиянын үзүрүн көргөн Украина эмне үчүн 2 жылда экономикасы дүркүрөп өстү, деп белгиледи.

“Жаны ордо” гезити Бакиевдин бир өзгөчөлүгү оппозиция менен күрөшөт десе эле Пиночеттей, Каримовдой террорго, куугунтукка барбай баарын жөөттөрдүн акылындай, камырдан кыл суургандай жасады. Алар бүгүн Бакиевге карата үлкөн маанидеги чоң күнөөнү тага алышпайт. Себеби, алар учурунда Бакиевдтн саясатына макул болушкан. Анан аламан байгеде ак жеңилишти деп жазды “Курманбек Бакиев” деген макаласында.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

ӨМҮРБЕК БАБАНОВ ДЕПУТАТТЫК МАНДАТТАН БАШ ТАРТТЫ

Социал-демократтар партиясынын төрага орун басары Өмүрбек Бабанов депутаттык мандаттан баш тарткандыгын, муну партиялык тизмедеги талапкер Роза Отунбаеванын пайдасы үчүн жасаганын БШКга билдирди. Парламенттик шайлоо алдында 1-май райондук соту партиялык тизмеде биринчи турган Өмүрбек Бабановду Кыргызстандын жараны эмес деп таап, шайлоодон четтеткен. Ушул жумада Жогорку Сот мындай чечимди жокко чыгарды. Бул Бабановго депутат болуу укугун берген болчу. Маселенин чоо-жайы тууралуу Өмүрбек Бабанов «Азаттыкка» берген интервьюсунда айтып берди.

- Депутаттык мандаттан сизди баш тартты деп уктук, ошонун себеп-жайы тууралу айтып бере аласызбы бизге?

- Биринчиден 1-Май соту мага Кыргызстандын жараны эмес деп чечим кабыл алган. Мен 37 жашка толуп, ошонун ичинен 30 жыл Кыргызстанда жашадым. Москвада окудум, анан Казакстанда жашагам. Мен интернеттен да карап көрдүм, юристтерим да карады дүйнөдө практикада жок экен адамдын жарандыгын сот жокко чыгарган. Биринчиден, соттун андай укугу жок болчу, президенттин гана укугу бар. Мен өз ыктыярым менен заявление жазгандан кийин гана президент жарандыктан ала алат.

Экинчиден, Жогорку сот калыс чечип берди. Мен ишенгем чындык мен жакта. Мени көп адамдар колдоду, күрөштү, сотко келгиле десем келишти. Мен ишенип принципиалдуу позицияда турдум. Мына Жогорку сот дагы бир жолу аныктап берди, бул Кыргызстандын жараны, 1-Май сот мыйзамсыз чечим кабыл алган деп жокко чыгарды.

- Эмне үчүн ушундай сотко берилди?

- Бул саясий чечим болуп атат. Мен СДП партиянын тизмесинде биринчи болуп кетип аткам, мен ойлойм мени алып салганы СДПнын бир топ добушу башка жакка кетип калды.

- Бул жеке сиздин атаандаштарыңыз ушундай жасады деп ойлобойсузбу, партияга карата деп ойлоп атасызбы?

- Партия жана жеке мага карата.

- Азыр сиз Жогорку сотто жеңдиңиз, андан кийинки маалыматка караганда сиз өзүңүздүн мандатыңыздан баш тарткан экенсиз?

- Бир топ ойлонуп туруп мен чечим кабыл алдым, Роза Исаковна Отунбаевага ордумду бердим, мандаттан баш тарттым. Себеби Роза Исаковна өтө тажрыйбасы чоң ишмер жана чоң саясатчы деп ойлойм. Мен аны менен түштүктү, түндүктү да кыдырганда элдин баалаганын көрдүм ал кишини. Мен ойлойм, Роза эже бул парламентке татыктуу жана күчтүү депутаттын бири болот деп. Мен туура чечим кабыл алдым.

- Сиз мындан аркы саясий ишмердүүлүгүңүздү кандай улантасыз?

- Мен СДПнын төрагасынын биринчи орунбасары жана политсоветтин мүчөсүмүн. Мен ошол бойдон эле өзүмдүн саясий иштеримди жүргүзө берем.

- Сиз төраганын орунбасары катары Эдил Байсаловго байланышкан кандайдыр бир чечимдерди кабыл ала элексиздерби?

- Эдил Байсалов жөнүндө биз жарыя бергенбиз. Эдил Байсаловго мыйзамсыз иш козголгон, муну сот гана чечиш керек. Соттун чечимдери менен аныкталат. Мен ишенем Эдил таза адам, бул кыргыздын накта патриот жараны катары иш жасады. Туура, сүрөткө тартып туруп интернетке илип койду. Ал интернетке илинген бюллетень менен оригиналды жасаш эч качан мүмкүн эмес.

- Азыр Кыргызстанда Эдилдин жок болуп жатышын сиз кандай баалап атасыз, кабарлаштыбы?

- Кыргызстанда болбой атканын менин пикиримде туура эмес, Эдил келиши керек.

- Парламентте СДП азчылыкты түзүп калды. Сиздин оюңузча СДП кандайдыр бир максаттарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү жетеби азыркы шартта?

- Эң негизгиси биз конкреттүү түрдө программабыз менен чыкканбыз жана биздин депутаттар ошол программаны көтөрөт. Экинчиден сан эмес сапатта кеп болуш керек. Бизде белдүү депутаттар деп ойлойм. Кудай кааласа жакында өзүңүздөр көрөсүздөр ким кандай иш кылат.

- Социал-демократтар партиясы бийликке оппозициялык партиябы?

- Конструктивдүү оппозиция.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

2007-ЖЫЛ КЫРГЫЗ СПОРТУНА ЧОҢ СЫНОО БОЛДУ

Кабыл Макеш, Акан Иманов, Бишкек 2007-жыл да аяктап келатат. Аны менен бирге өлкөдөгү спорт оюндары өзүнүн сезонун аягына чыкты. Быйылкы жылдын эң негизги, эң маанилүү мелдеши – VI кышкы Азия оюндары жана имарат ичиндеги II Азия оюндары болуп, ал боюнча кыргыз спортунун 2007-жылдагы абалын жана жыйынтыгын чыгарылып жатат. Чынында 2007-жыл кыргыз спорту үчүн чоң сыноо болду.

Албетте, жылдын башынан бери кыргызстандык спортчулар эларалык ареналарда ойноп, ийгиликтерге да жетишип жатышты. Айтсак, грек-рим, эркин күрөштө, оор атлетика менен жеңил атлетикада, кикбоксинг менен тайбокс, самбо, таэквондо боюнча жылдан жылга оозго алынып келаткан спортчулар ийгиликке жетишти. Улуттук тогуз коргоол оюнунда Кыргызстан Казакстанды утуп, кайрадан биринчи орунга чыкты. Анан да быйыл жалпы күйөрмандарды сүйүнткөнү - футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону «Дордой-Динамо» Пакистанда АФКнын «Президенттик кубогун» экинчи ирет жеңип, колдон чыгарбай келди.

“Дордой” футбол клубунун жетекчиси Рысбек Мааткабыловдун айтымында командасы Кыргызстандын төрт жолку чемпиону аталып, январда Санкт-Петербургда өтүүчү Шериктештер Кубогуна дарядык көрүүдө.

Бирок баары бир спорт адистери кыргыз спорту жакшыбы, жаманбы, аны 2007-жылдагы VI кышкы Азия оюндары жана имарат ичиндеги II Азия оюндарынын, Азия жана дүйнө чемпионаттарынын жыйынтыктары боюнча баа берип жатышат.

Себеби, быйыл дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган Кытайдын Чанчунг шаарында кышкы 6-Азия оюндары жана Макаодо имарат ичиндеги 2- Азия оюндары болуп өттү. Негизги басым да ушул Азия оюндарына жана 2008- жылы Бээжинде өтө турган олимпиадалык оюндарга жолдомо алуу таймашуулар болду.

Өтүп бараткан жылдын мыкты спорттук федерациясы деген сыйга өлкөнүн грек- рим күрөшү федерациясы татыктуу дешүүдө спорт адистери. Ушундай сыйлык дагы жоопкерчиликтүү иштеп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга милдеттендирээрин грек- рим күрөшү боюнча өлкөнүн улук машыктыруучусу Эмил Алыкулов айтты.

Себеби Кыргызстандын тарыхында алгач ирет Бишкекте май айында өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар грек- рим күрөшүнөн 2 алтын, 3 коло байгелүү болуп, намыска жараган. Дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Канат Бегалиев Азия чемпиону аталып, алтын медаль тагынса, Данияр Көбөнов экинчи ирет Азия чемпиону аталды. Бишкекте өткөн Азия чемпионатында грек- рим күрөшүнөн байгелүү үчүнчү орунду ээлеген балбандар Жанарбек Кенжеев, Руслан Түмөнбаев жана Нурбек Ибраимовду жылдын мыкты спортчулары деп атоого негиз бар. Себеби алар былтыр Дохада болгон Азия оюндарында да коло медаль женип алышкан.

Быйыл жылдын мыкты спортчусу деп адистер бир добуштан эркин күрөш боюнча Бишкекте Азия чемпиону аталып, Бакуда өткөн дүйнө чемпионатында коло байгелүү болгон Базар Базаргуриевди аташууда. Себеби анын Бээжин олимпиадасына жолу ачылып, жолдомону колго алды. Ошондой эле Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынган Азия оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Алексей Крупняковдун быйыл да жылдызы жанып, мыктылар сабынан түшкөн жок. Ал да Бакудагы дүйнө чемпионатында Бээжин олимпиадасыга жолдомо утуп алды.

Быйыл кыргызстандык суучулдар ийгилик жарата алышты. Өлкөнүн тарыхында бишкектик Юрий Захаров Азия чемпиону аталса, Василий Данилов Макаодо имарат ичиндеги 2-Азия оюндарында күмүш жана коло байге утуп келди. Экөө тең Бээжин олимпиадасына жолдомо алышып, даярдык көрүп жатышат.

Быйыл октябрда Макаодо имарат ичиндеги 2- Азия оюндарына катышкан Кыргызстан чоң ийгиликтерге жетпей калуунун себептерин улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов спортчулардын даярдыгы чийки болгону менен түшүндүрдү. Анын айтымында спортко болгон мамилени өзгөртүп, дүйнөлүк ыргактан калышпай жаңы тажрыйбаларды колдонуу зарыл.

Өтүп бараткан жылдын мыкты спортчусу деп оор атлетика боюнча Азия чемпионатында алтын медаль уткан Руслан Капаевди атоого болот. Мурдакы жылдары Улан жана Султан Молдодосовдун жылдызы жанып, мыкты аталса, жаш спортчулар өсүп келатканын Руслан Капаев быйыл далилдеди.

14- Азия оюндарында чемпион, Азиянын көп жолку чемпиону Татьяна Ефименко былтыр Дохада күмүш медаль тагынса, быйыл да Азия чемпиону аталуу менен Бээжин олимпиадасына жолдомо алды.

Кыргыз спорт тарыхында төрт ирет удаасы менен Азия оюндарында мөрөй алган велоспортчу Евгений Ваккерди быйылкы жылдын мыкты спортчусу деп атоого толук негиз бар. Себеби ал быйыл да Азия чемпионатында алтын байгелүү болсо, дүйнө биринчилигинде коло медаль тагынды. Евгенийдин мындай ийгиликтерге жетүүсүнө Германияда жашап, чет өлкөлүк клубдарда машыкканы өбөлгө болууда.

Ошондой эле билльярд боюнча дүйнө чемпиондугун төртүнчү ирет жеңип алган Каныбек Сагынбаевду да жылдын мыкты спортчусу деп атаса жарашат. Быйыл ал мындан сырткары да эл аралык мелдештерде байге алды, дейт спорт журналисти Кубан Атабеков.

Бишкек шаардык спорт комитетинин жетекчисинин орун басары Бообек Кадыркуловдун пикиринде Кыргызстандагы саясый-экономикалык абал кыргыз спортуна да көп жылдан бери өзүнүн залакасын тийгизип келет. Каражаттын жоктугунан стадиондор менен спорт залдар талкаланган. Бишкектин четиндеги 20дан ашуун жаңы конушда спорт имараттары курулбай, дене тарбиясына аз көңүл бурулуп жатат. Ошондой эле шарт түзүлбөгөндүктөн жөндөмдүү спортчулар менен машыктыруучулар чет өлкөлөргө кетип жатышат.Анан да кыргыз спортунун жашоо-турмушу ачык – айкын болсо дешет спорт адистери.

Кээ бир спорттун түрлөрүндө Азия чемпионаттарына жол киресин спортчулар менен машыктыруучулар өздөрү төлөп, же демөөрчүлөрдүн жардамы менен барышты.

Спортко өкмөттөн быйыл 90 миллион сомдой каражат бөлүнсө, анын 35 миллиону гана олимпиадалык түрдөгү спортко берилди, дейт өлкөнүн дене тарбия, спорт, балдарды коргоо жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов.

Ал спорт күйөрмандардан өтүп бараткан жылдын жыйынтыгы боюнча пикирлери кандай, айрым спорт күйөрмандардын ой- пикирин угуп көрөлү.
Спорт күйөрмандары өз пикирлерин ортого салды.
Эми адистерге да сөз берели. Өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти, улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов өтүп бараткан жылдын жыйынтыгына мындай баа берип, пикирин билдирди:

-Бээжин олимпиадасына жолдомо алган велоспортчу Евгений Ваккер Кыргызстанда эмес, Германияда жашап, германиялык клубда машыгат. Ваккерге рахмат! Бирок ал Кыргызстандын намысын биринчи кезекте өзүнүн туулуп өскөн өлкөсүнө болгон патриоттуулугунан эмес, эларалык чоң-чоң мелдештерге, дүйнөлүк чемпионат менен Олимпиадалык оюндарга катышыш үчүн коргоп жүрөбү деген да ой келет. Себеби, Германия курама командасына ал мүчө боло албайт, анткени ал жакта андан күчтүү спортсмендер жүздөп саналат.

Азия чемпиону Татьяна Ефименко да жыл сайын эле спорткомитети жакшы көңүл бөлбөй жатканын айтып келет. Айласы кеткенде быйылкы жылы дээрлик толугу менен чет өлкөлөрдө машыгып, ошол жакта мелдештерге катышып, акыркы айларда Кувейтте, Катарда машыгып жүрдү (эми тренери И.Паклин да Кувейт менен контрагын улантыптыр). Ошондой эле Базар Базаргуриев менен Алексей Крупняков да орусиялык спортчулар, өз өлкөсүндө курама командага илинбей биз үчүн күрөшүп жүрөт. Демек, ал жеңиштерде биздин спорткомитеттин, өкмөттүн салымы канчалык? Айтуу кыйын. Эми бул эмнени билдирет? Бул биздин Кыргызстанда жакшылап машыгууга, шарт начар экендигин билдирет.

Спорттун начарлап баратканына эки жылдан бери өлкөдөгү саясый ызы-чуулар да таасир бербей койгон жок. Спортчулар да саясый куралга айланып кете жаздады. Өкмөт менен бирге спортту сүйгөн меценаттар чыгып өзү туулуп өскөн жерлеринде стадиондор, спорт аянттары курулса жакшы болор эле дейт Кожомкул атындагы спорт сарайынын директору Болот Сулайманов.

Жылдын жыйынтыгы калыстык менен чечилбей балбандар менен оор атлетчилерден бөлөк дагы мыкты ийгилик жараткандардын мээнети бааланбай калганын шахмат боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегин айтып, нааразы болуп жүрөт.
Өлкөнүн спорт адистеринин айтымында 2007- жылы кыргыз спорт күйөрмандарынын үмүтү акталган жок.
Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директору Касымкул Оболбековдун айтымында эми жанырган жыл кыргыз спортчулары үчүн өтө жооптуу. Себеби ушул жылда Бээжин олимпиадасынын таймашуулар болмокчу.
Өзү майып болсо да Кыргызстандын туусун көтөрүп, намыска жарап жүргөн спорт чебери Эсен Калиевдин айтымында кыргызды дүйнөгө таанытуучу улан- кыздар арбын. Аларга шарт түзүп, камкордукка алуу гана зарыл.

-Биринчи кезекте өз жерибизде спортчуларга шарт түзүп бериш керек. Ал эми күрөштөгү калган медалдар кыргыздын менталитетине (күрөшкө жакындыгы) байланыштуу деп ойлойм. Азыркы мыкты балбандарыбыз өспүрүм кездерин эгемендигибиздин алгачкы жылдарында айылда өткөргөн балдар жалаң карандай чай менен эле чоңоюшту. Анан шаарга келип кичине өзөк жалгап, жаштар арасында ийгиликке жетишип, чоңдорго келгенде эле утулуп калып жатышат. Эгерде балбандарыбызга жакшылап көңүл бурулса мүмкүн алтын медалга деле ээ болмокпуз.”

Жыл аягында дене тарбия жана спортту координациялоо боюнча улуттук кеңеш тузүлүп, төрагалык тизгинди президент Курманбек Бакиев өзү колго алып, Бээжин олимпиадасына даярдык көрүүнү көзөмөлгө алды. Кыргыз спортунун чыныгы жүзүн, чама- чаркын жанырган жылы Бээжинде боло турган жайкы олимпиадалык оюндар таразалап койгону турат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG