Линктер

шаршемби, 24-июль, 2019 Бишкек убактысы 07:01

Кыргызстан

КУБАТБЕК БАЙБОЛОВ: МҮЛКҮБҮЗ ЭЛЕ ЭМЕС, ӨМҮРҮБҮЗ КОРКУНУЧТА ТУРАТ

Каржы полициясы жана салык органдары оппозиция жетекчилеринин менчигиндеги ишканалардын каржылык ишмердигин текшерүүгө алып баштаганын кабарлаганбыз. “Ак шумкар” партиясынын теңтөрагасы Кубатбек Байболов бийлик текшерүүлөр менен чектелбей, оппозицияга кысым жана зордук көрсөтүп, анын менчигин тартып алуу максатында коркутуп үркүтүүгө чейин барып жатканын билдирди.

- Кубатбек мырза, сиз ээлик кылган “Оберон” фирмасы азыр каржы полициясы тарабынан текшерүүгө алынып жаткан экен, ошонун чоо-жайы тууралуу айтып берсеңиз?

- Көз көрүнө саясатка байланыштуу текшерүү болгон дагы, 2005-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 млн. 200 миң сом салык төлөнбөптүр деп бизге доо коюлган. Биз апелляциялык арыз берип, ал бүтүм туура эмес экендигин далилдегенбиз. Бирок ошого карабастан кылмыш ишин козгоп, 2006-жылдан бери сүйрөп келе жатышат. Ал иш эми кыскартылып, документтерди бербей жатат деп биздин финансылык директорго иш козголуп, ал дагы кыскартылганына карабастан, эми жаңы жылдын башында кайрадан ошол ишти жандандырып, биз ал иш боюнча Жогорку сотко чейин жетип утуп алганыбызга карабастан, өкүм зордук менен келип документтерди тартып алып, дагы текшеребиз деп аракет кылып атышат.

- Документтерди тартып кеттиби, кайсы уюм текшерип атат?

Республиканын финансылык полициясы азыр документтерди алып жатат.

- Сиздер азыр кандай аракеттерди көрүп жатасыздар?

- Генералдык прокуратуранын кыскартылган ишти кайра жандандырганы боюнча биз сотко кайрылып атабыз. Бирок ошол соттун чечимин күтпөстөн, булар ишти баштап, документтерди тергеп атышат.

- Сиз айтып аткан бир миллиондон ашык каражатты кайсы негизге таянып доолап атышат?

- Анын баары тең жокко чыгарылган. Ошол эле салык органдардарынын өзүнүн апелляциялык деңгээлинде жокко чыгарылган. Биздин жүргүзүп аткан чарбабыз таза экендиги далилденген. Бирок ошого карабастан азыр жылдын башында ошол ишти кайра жандандырып, кайрадан текшеребиз деп атышат ошол эле фактылар боюнча. Эми башкача ошол учурда документти бербей коюшкан деген башка иш козгошкон. Ошол ишке таяп туруп кайрадан документтерди текшерип атышат. Эң кызыгы биз фирманын иш аракети менен өзүбүз алек болбойбуз. Бул фирма оперативдик башкарууда. Бүт болгон кыймыл аракетин башка кишилер жүргүзөт.
Бирок ошого карабастан менчик биздики болгондугуна байланыштуу атакага өтүп атышат.

Бизге аялым экөөбүзгө түздөн түз эч кандай дооматтар жок. Себеби биз эч нерсеге кол койбойбуз, эч кандай иш аракетти жүргүзбөйбүз. Бирок саясатка байланыштуу менчиктин башы ушулардыкы деп жасап аткан аракеттер.

Республикадагы бирден бир салык төлөөчүлөрдүн бирибиз. Азыр сөз жүзүндө бизнести өнүктүрөбүз дегенине карабастан чындыгында бизнести талкалап атышат. Эгерде ушундай акыбал боло турган болсо кайсы акмак бул өлкөдө бизнес жүргүзөт.

- Эми сиздер райондор аралык сотко кайрыласыздарбы?

- Биз азыр Баш прокуратуранын токтому боюнча 1-Май сотуна, ал эми Ленин сотунун жанагыдай тинтүүгө уруксат бергендиги боюнча шаардык сотко кайрылып атабыз. Көз көрүнө санкцияны алеким саатта бере койгонуна караганда соттор деле өзүңүздөр билесиздер да, бул мамлекетте айтор акыйкаттык деген болбой калды.

- Сиз каржылык териштирүүлөрдү түздөн-түз саясатка байлап атасызбы?

- Түздөн-түз, мен оппозицияда жүргөндүгүмө байланыштуу. Албетте, биздин жүргүзүп аткан чарбалык иштерибизди өтө так жана таза жүргүзүүгө аракет кылабыз. Себеби каяша айтыш үчүн куйрук таза болуш керек. Биздин таза жүргүзүп келатканыбызга карабастан көз көрүнө көз боемочулук, зордукчулук кылып атышат.

- Сиз каржы полициясынын акыркы аракеттерин, албетте, саясатка байлап жатасыз. Саясий куугунтуктун айкын белгилерин айта аласызбы?

- Шайлоого өткөрбөй койгону аз келгенсип, менимче зөөкүрчүлүктүн деле чеги болуш керек болчу, эми жаныбыздан башканын баарын тартып алышка аракет кылып атат. Жаныбызга да кол салуусу мүмкүн. Андай коркутуулар болуп эле келе жатпайбы.

- Конкреттүү сизге ошондой болдубу?

- Албетте, балдарыңарды катып койгон жерлериңерди да билебиз, ошол жактан да табабыз деп жакында эле телефон аркылуу коркутуу болду.

- Оппозициячылар бийликке каяша айтканда, куугунтук болгондо башка өлкөлөргө чыгып кетишет. Мындай тажрыйба аз эмес. Сизде ушул сыяктуу пландар барбы?

- Эгерде жагдай таптакыр эле болбой турган болсо, айтор бул мамлекетте адамдардын укугун, атүгүл көрүнүктүү саясатчылардын укугун коргоп калганга не мамлекеттик органдар, не уяттуу инсандар, не эл тарабынан жардам болбой турган болсо, албетте, саясий баш баанек сурап баш калкалаганга мажбур болобуз. Себеби азыр мүлккө гана эмес түздөн түз өмүрүбүзгө дагы коркунуч туулуп атат.

- Бул саясий максаттагы бир аракеттерди, куугунтуктарды токтотушуңуз керек деп президентке кайрылганга сизде шарт, жагдай, же оюңуз барбы?

- Мен өзүңүздөргө окшогон массалык маалымат каражаттары аркылуу гана кайрылууга мүмкүнчүлүгүм бар. Эгерде саясат ушул багытта өнүгө берип, өкүм зордук мындан ары дагы өкүм сүрө бере турган болсо, мунун аягы жакшылык менен бүтпөйт.

- Оппозицияга байланыштуу дагы бир кошумча суроо. Эмне үчүн оппозицияда чачыроо болуп атат. Оппозициянын өзүндө күнөө эмеспи?

- Оппозиция болобу, бийлиги болобу баарыбыз эле бир сортпуз, бир коомдон, бир аң сезимден, бир тоталитардык доордон келип чыккан инсандарбыз. Албетте, оппозициянын чачырап, бийликке сатылып, же башка кызыкчылыктарды көздөп кетип жатканы бул объективдүү жана тарыхый нерсе. Тилекке каршы оппозиция бири-бирин коргоп калганга азыр кудурети жетпей жатат.

- Кыргызстандын келечеги сизге кандай элестейт азыр?

- Ушу тапта Кыргызстандын келечеги өтө бүдөмүк жана опурталдуу деп айтаар элем. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча көз көрүнө өзүм билемдик кылып, менин оюмча элдин биримдигине, аймак аралык биримдиктин ортосуна чок таштап атат.

- Суроолорго жооп бергениңиз үчүн сизге чоң ырахмат.


Маектешкен Бурулкан Сарыгулова, Бишкек

ОППОЗИЦИЯ ҮЙҮНДӨ- КЫСЫМДА, ЧЕТТЕ- СЫЙДА

Январь айынын соңунда «Ата мекен» партиясынын лидерлери АКШда болушат. Американын Кыргызстандагы элчилигинен алынган маалыматка караганда, Өмүрбек Текебаев баш болгон атамекенчилер АКШ президенти жыл сайын уюштуруучу «сый тамакка» катышат. Оппозициялык саясатчылардын АКШнын таасирлүү саясатчылары менен жолугушуусу да белгиленүүдө.

АКШга чакырылгандардын катарында «Ата мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын орун басарлары Болотбек Шерниязов, Карганбек Самаков, Эркинбек Алымбеков бар.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, бул саясатчылар жыл сайын уюштурулуучу «Улуттук ыраазычылык сый тамагына» катышат. Ал иш чарада президент Жорж Буш сөз сүйлөп, АКШнын конгрессмендери, Жогорку Сотунун судьялары, дүйнөлүк диний ишмерлер, саясатчылар катышат.

«Ата мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев АКШга сапардын программасы белгисиз болгондуктан, кандай жолугушуулар болоорун азырынча айта албасын билдирди.

Өмүрбек Текебаев ошондой эле Карганбек Самаков, Болотбек Шерниязов жана Эркинбек Алымбеков жана өзү саясатчы катары АКШга чакырылып жатканын белгиледи.

Белгилүү болгондой, 2004-жылы ушуга окшош чакырууну азыркы президент, ал кезде эми оппозиция катарына кошула баштаган Курманбек Бакиев, азыркы оппозиция лидери Өмүрбек Текебаев, саясатчылар Муратбек Иманалиев, Эмил Алиев жана Амангелди Муралиев алып, АКШда сапарда болуп келген.

Жергиликтүү саясат таануучулар мындай чакыруулар кокусунан болгон иш эмес, оппозия лидерлерин сынап көрүү, ал эле эмес АКШ тарабынан берилген белги катары да баалап келишет.

«Ар намыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев саясатчылардын АКШга сапарына карата мындай пикирин билдирди:

-Бул АКШ үчүн көп жолдордун бири. Саясатчылар менен сүйлөшүп, алардын оюн билип, өздөрүнүн пландарын корректировкалоо үчүн керек. Ошондуктан саясатчыларды байкоо деп айтса деле болот.

Ал эми саясат таануучу Жолборс Жоробеков бул чакырууга өзгөчө маани берүүнүн кажети жок деген пикирде:

-Эми бул азыр сынып, кыйналып калган саясатчыларды «апаптап» коюу. Анан кийин коомдук пикирде булар менен америкалыктар сүйлөшөтэкен деген таасир калтырат. Андан чоң проблема чыгаруунун кажети жок.

Ал эми экинчи бир саясат таануучу Нур Омаров оппозициялык саясатчыларды АКШга чакырууну Батыштын Кыргызстанга карата ырааттуу саясатынын уландысы катары баалады:

- Бул ЕККУ жана Европа Биримдигинин Кыргызстандагы мөөнөтүнөн мурунку парламенттик шайлоодон кийин ээлеген позициясына жалпысынан дал келет. Алар референдум жана шайлоого терс баасын беришкен. ЕККУнун активдүү мүчөсү катары АКШнын мына ушундай жол менен оппозицияны колдоо саясатын улантууда.

Нур Омаровдун пикиринде, азыркы учурда Кыргызстанда 2004-жылдагыдай кырдаал түзүлүп келатат. Ал быйылкы жылдын жаз айларында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо менен коштолушу ыктымал. «Эгерде мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болсо, анда Акаевдик авторитардык режимди Курманбек Бакиев бекемдеп, улантып кете турган болот»,-деди Омаров.

СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТТАР ОППОЗИЦИЯНЫН ПАРЛАМЕНТТЕГИ ТРИБУНАСЫ БОЛУУНУ ЭП КӨРӨТ

Экс-премьер министр Алмаз Атамбаев башында турган Социал-демократтар партиясынын өлкөнү өнүктүрүү боюнча өзгөчө программасы бар. Бул тууралуу бүгүн партиянын Жогорку Кеңештеги фракциясы билдирди. өзүн бийликке конструктивдик оппозиция деп жарыялаган фракция иш багыттарын белгилеп, өлкөдөгү саясий окуяларга баа берди.

16-декабрдагы кезексиз парламенттик шайлоо тыянагы менен парламентке келген социал-демократтар партиясы шайлоодо административдик ресурстар бир партиянын кызыкчылыгы үчүн иштебегенде мындан да чоң жеңишке жетет эле деп эсептейт. Шайлоодон туура бир ай өткөндөн кийин уюштурган маалымат жыйынында фракция буга чейин айтылып келаткан «чөнтөк оппозиция» деген жардыкты дагы, социал-демократтардын парламентке келишин соодалашуунун тыянагы деген божомолду дагы курулай каралоо катары баалашты. Мындай пикирин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып депутат Иса Өмүркулов билдирди:

- Убагында Атамбаевге «Ак жолго» кирип, ушул партияны башкаруу сунушталган. Социал-демократтар партиясы шайлоого өз алдынча барат деген чечим кабыл алынган. Эгер, кимдир бирөө өзүнүн саясий кызыкчылыгы үчүн, кадыр-баркын көтөрүү үчүн бизди жаманатты кылып атса, бул бери дегенде ыйманга жатпайт.

Социал-демократтар партиясынын парламенттеги фракциясы өзүн конструктивдүү оппозицияда экенин башында эле жарыялаган. Бул эмнеге негизделерин фракция төрагасы Бакыт Бешимов чечмеледи:

-Өлкөнү өнүктүрүү боюнча биздин өз моделибиз бар. Ал социалдык саясат, адамдык жүзү бар социализм куруу, демократия жана биринчи кезекте социалдык маселелерди чечүү аркылуу көпчүлүктүн кызыкчылыктарын канагаттандыруу өңдүү баалуулуктарга таянат.

Бешимов авторитаризм жана саясий монополия орнотуу боюнча башкалардын үлгүсүн сокур тууроо өлкөнү киргизске алып келип, өнүктүрбөй салат дейт. Анын пикиринде бир партиянын үстөмдүк кылышы коомдо карама-каршылыктарга, туруксуздукка жана бөлүнүп-жарылууга алып келет.

Парламентте көпчүлүктү ээлеген «Ак жол» өз жеңишин элдин колдоосу менен байланыштырып, президенттин саясатын бир ооздон колдогон партия экендигин көрсөтүүдө. Социал-демократтар «Ак жол» партиясынан айырмаланып, жаратылыш ресурстарын сатуу, стратегиялык тармактарды, анын ичинде энергетиканы менчиктештирүү, пенсия курагын жогорулатуу өңдүү президенттин демилгелерине каршы болушууда.

Президент Курманбек Бакиев 10-январда парламентте сүйлөгөн сөзүндө «Бүгүн биз чечкиндүү түрдө мамлекеттик менчикте калган объектилерди менчиктештирүү жана мамлекеттен ажыратууга барууубуз зарыл. Ал үчүн мындан мурунку менчиктештирүүнүн натыйжаларын туура деп таап жана жаңы этапты баштоого тийишпиз” деген.

СДП менчиктештирүүнүн алгачкы үч баскычына баа бербей туруп, кийинки баскычка өтүү өлкөнү опурталдуу жагдайга кирептер кылат деп чочулоодо. Мындай принципиалдуу маселелерди чечээрге келгенде 11 депутаты бар СДП фракциясы «Ак жолчуларга» туруштук бере албасы белгилүү. Бирок, депутат Роза Отунбаеванын пикиринде тигил же бул идея боюнча депутаттарга таасир этүүнүн «парламенттик угуу сыяктуу көп жолдору, көп формалары бар».

Фракция өзүнүн парламенттеги ордун жеке эле СДП үчүн эмес, Кыргызстандагы жалпы оппозиция үчүн трибуна катары пайдаланууну эп көрөт. Мындай оюн Бешимов билдирди:

- Биздин конструктивдүү оппозиция катары парламентте болушубуз - бардык оппозиция үчүн расмий трибуна аркылуу өз көз карашын билдирүүгө түзүлгөн шарт.

Парламент сыртындагы «Ата мекен» баштаган оппозициялык партиялардын бири да социал-демократтардын парламенттеги фракциясы менен кызматташуу тилегин билдирише элек.

ЭРКИН БӨЛӨКБАЕВ: МАДУМАРОВ МЫЙЗАМДЫ БИЛБЕЙТ ЭКЕН

«Азаттыктын» кезектеги маектеши Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев болду.

- Оппозициялык партияларды азыр салык органдары текшерип башташты. Мунун аркасында эмне жатат, муну саясий кысым деп бааласа болобу?

- Менин оюмча, “Ак жол” бийликке жеттик биз жеңдик деген сөз. Демек калгандарды акырына чейин кысыш керек деген методика закону бар. Ошон үчүн бийлик толугу менен текшеребиз деген ойлору бар.

- Буга чейин ушундай текшерүүлөр болду беле, же бул алгачкы текшерүү болуп атабы?

- Мурун жок эле, азыр банк эсеби, кайдан акча алынды, финансы документтер, ким кайдан келди, учредителдер ким деп баарын текшерип атышат.

- Текшерүү кечээ болгон. бүгүн да улантылабы?

- Ооба, бүгүн да улантат. Анткени, акт жазыш керек, биз справка жазышыбыз керек.

- Адахан Мадумаров коомдук парламентти конституциялык эмес деп айтты. Коомдук парламенттин максаты эмнеде?

- Мадумаровдун айтканы боюнча ойлойм, өзү мыйзамды билбейт экен. Коомдук жана коммерциялык уюмдар бар, НПОлор өзү мыйзам чегинде түзүлөт. Көтөрүш болот деген сөз жок. Мадумаров да коомдук фонд түзсө болот. Мыйзамды билбей эле элди жинди кылып өзүнүн оюн айтып жатат.

- Ушундай эле кыймыл 2005-жылга чейин Акаев үчүн отставка, эл үчүн реформа деп түзүлдү эле. Ал деле конституциялык эмес деп табылган болчу. Бирок койгон максатына жетпедиби. Эми “Акыйкат үчүн” кыймылдын максаттары, аракеттери канчалык ишке ашат деп ойлойсуз?

- 2005-жылы Кыргызстан элдик кыймылына мүчө болгом. Ошондо Бакиевди убактылуу төрага кылып шайлаганбыз. 2005-жылы 22-мартта Бакиев өзү Акаевден коркуп төрагалыктан кетем дегенде Бекназаров кармап калган, кой биздин коомду уят кылба, кал деп. 1-2 күндөн кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп калды. Анда Мадумаров арызга кол койбой качып жүргөн. Өзү подхалим болуп, кайсы жерде жакшы болсо ошол жакка чуркап, кайсы жер жаман болсо качат экен. “Биримдик Кыргызстанда” Мадумаров, Данияр Үсөнов бар болчу, кийин “Ак жолго” кирип кетишти.

- Маегиңизге ырахмат.

ДИНАРА ОШУРАХУНОВА: СОТТОР САЯСИЙ ЧЕЧИМ ЧЫГАРЫП ЖАТЫШАТ

Митинг акцияларды өткөрүү тартиби жөнүндө Бишкек шаар кеңешинин чечимин жокко чыгаруу талабы менен жарандык уюмдар соттун бардык инстанцияларына кайрыла беришмекчи. Бул жөнүндө «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Динара Ошурахунова билдирди.

- Бишкек шаар Кеңешинин нааразылык акцияларды өткөрүүнү чектеген токтомун жокко чыгаруу боюнча укук коргоочулардын арызын район аралык соту канаттандырган жок. Бул чечимди сиздер кандай баалап кетет элеңиз?

- Ал боюнча Бишкек сотуна кайрылабыз. Шаардык Кеңештин митинг, пикет боюнча кабыл алынган чечими боюнча биз бир нече жолу сотко кайрылганбыз. Максим Кулешов, Төлөйкан Исмаилова бир жолу кайрылышкан. Алардын талабы каралып Бишкек райондук соту аны четке каккан. Ошон үчүн бул биз үчүн жаңылык деле эмес.

- Эми сиздердин мындан кийинки кадамдарыңыздар кандай болот. Жогорку инстанцияларга да кайрыласыздарбы?

- Сөзсүз биз аягына чейин барабыз. Бул бизге өзүнчө дагы бир мониторинг, биздин сот мыйзам чегиндеби, же саясий чегинде иштейби. Азыркы биздин талабыбызды караган судья Алымкулов чыгарган чечими мыйзам чегинде эмес. Ал биз талап кылган сурообузду кабыл алмак. Бирок биз көрүп атабыз, бул саясий чечим болуп атат.

- Эми соттун бул чечими Кыргызстандын аброюн эл аралык коомчулуктун алдында төмөндөтүшү мүмкүнбү?

- Сөзсүз төмөндөтөт. Биз азыр айтып атабыз, сот системасы азыр иштебей калды деп. Анткени сот системасы бийликке баш ийип калды. Ошентсе да сот системасы толугу менен чирип кетпей, алардын ичинде мыйзам чегинде иштеген судьялар болот. Ошон үчүн биз Жогорку Сотко чейин барабыз, мониторинг жасайбыз. Жалгыз эле биз талап кылган жокпуз, ал жерде 18-январда Төлөйкан Исмаилованын, Максим Кулешовдун талаптары каралат, кезекте Азиза Абдрасулованыкы турат. Ошонун баары боюнча сот кандай чечим кабыл алат. Эгерде баарына бир чечим кабыл алса, биз айтабыз бул саясий, бул мыйзам чегинде болбойт, ошон үчүн мониторинг жүргүздүк деп. Азыр ООНго атайын спец.доклад даярдап атабыз ошол боюнча.

- “Акыйкат үчүн” кыймылынын форумунда сиз коомдук парламентке таза эмес адамдар кириши мүмкүн деген кооптонуңузду билдирген экенсиз. Мындай кооптонууларга эмне негиз болду?

- Коомдук парламент деген кандай роль ойнойт, булардын эң негизги принциптери кандай, ошонун баарын коомдук парламентке келген адамдар чечет. Биз коалиция бейтарап уюмбуз, биз коомдук парламентке киребиз деген жокпуз.

- Маегиңизге ырахмат.

ОШ ШААРЫНДАГЫ ЭЛ СУУККА ТОҢУП ЖАТАТ

Кыргызстандын түштүк башкалаасы блокадага кабылганына экинчи жумага аяк басты. Жергиликтүү тургундар даттангандай, ушунча күндөн бери жарык тынбай өчүп, үйлөр жылыбай, суу куурлар тоңуп, ысык суу түгүл муздак суу таңкыска айланды. Шаар жана тармак жетекчилери «Кичине проблема бар, бирок, жалпысынан баары жайында» деп актанышууда.

Ош шаарынын Аношин көчөсүнүн жашоочусу Мавлюда эже 15 күн илгери чоң куур тоңуп калгандыктан, сууну жакын жердеги каналдан ташып ичип жатышкандыгын айтты.

Лайликан Ильязова – майып, 4 балалуу. Жим көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө турат. А да газдын үлүңдөп күйгөнүнө, жарыктын бат-бат өчкөнүнө, жылуулуктун таптакыр жоктугуна карабастан, 5 айдан бери пенсиясын албаса да, коммуналдык акыларды мажбурлап төлөттүрүп кетишкендигине нааразы:

- Биз коммуналдык акыларын толук төлөйбүз. Бирок үйлөр ысыбайт. Жаардын жетекчилери өзүлөрүнүн кызыкчылыгын ойлойт дагы, бизге окшогондорду ойлобойт. Мисалы мен пенсияга чыккам, 5 айдан бери пенсия алабайм, - деп даттанды Лайликан Ильязова.

Ал эми Өзгөн көчөсүндө жашаган мугалим Тынымгүл жогорудагы көрүнүштөрдү ырастап, шаар жетекчилиги арыздан жыйынтык чыгарбай жаткандыгына кейиди.

Оштогу жылуулук-энергия борборунун башкы инженери Шамшидин Алиев «Үйлөрдүн дубалдарына чейинки гана жылуулукка жоор беребиз. Ичкериде үшүп-тоңушса өздөрүнөн көрүшсүн!» деген маанайын байкатты. Ошондой эле мазут 1-5-февралга дейре жетээрин, элдин андан аркы тагдыры кандай болоорун айта албастыгын да билдирди.

Кыргызстандын түштүк борборунун мэри Жумадыл Исаков «Блокада эмес, бирок, анча-мынча маселелерибиз бар. Анын үстүнө 78 көп кабаттуу үйдө жана 16 жатаканада жашагандар жылуулук-энергия борборунун кызматынан баш тартышты» деп буларга токтолду.

- Ош шаары бүгүн жылуулук блокадага калган жок. Шаарды толугу менен жылуулук менен камсыз кылган негизги шаардык уюмдары иштеп атат. Туура айрым авариялар болуп атат. Бирок 1400 гө жакын трансформатордун ичинен 10у кубаттуулук жетпегенге байланыштуу күйүп атат. Аны түнү-күнү тиешелүү адистер карап, иштеп атабыз, - деди Ош шаар мэри Жумадыл Исаков.

Жергиликтүү талдоочу Кадырбек Байгазиев «Калкын блокадага кептеген Ош шаар башчылары кыштын камын былтыр жазда көрүш керек эле. Ошондуктан, башка чоңдорго сабак болсун үчүн буларды токтоосуз жоопкерчиликке тарткан оң» деген пикирде.

ДИН ОКУУ ЖАЙЫН БҮТКӨНБҮ, ҮЙ ОКУУ ЖАЙЫН БҮТКӨНБҮ?

Кыргызстанда дин окуу жайларын бүтүргөн кыз-келиндер дээрлик жумушсуз калуудабы? Дин окуу жайларына мамлекеттик лицензия берүүгө атайын тоскоолдук кылган күчтөр да барбы?

АКИпресс маалымат агенттигинде өткөн жыйында мусулман аялдардын “Мутакалим” коомдук корунун төрайымы Жамал Фронтбек кызы (сүрөттө) Кыргызстандагы дин окуу жайларын бүтүргөн кыз-келиндер дээрлик жумушсуз олтурушкандыгын, алардын диплому мектептерде ыйман сабагын өтүүгө да жараксыз экендигин жарыя салды. Анткени бир да дин окуу жайы мамлекеттик лицензияга эгедер эмес. Демек, алардын дипломун мечит-медреселерден башка эч ким тенине албайт.

Маалымат жыйынына катышкан Ош шаарындагы кыздар медресесинин деректири Талант Алмамбетовдун пикири боюнча, бул маселени медреселер көтөрө албайт. Мындай нерсе Билим берүү, илим министрлиги менен Бишкектеги ислам университетинин ортосунда биринчи ишке ашыш керек. Бирок, Ислам университети андай лицензия алууга кызыгдар эмес. Анткени, ал жерде эч кандай диплому жок, молдокелерден гана үйдө сабак алышып “илимге” жетишкен мугалимдер бир топ. Андай шартта алардын баарысы жумуштан айдалышы керек.

Жамал Фронтбек кызынын айтымында, Кыргызстандагы бардык дин окуу жайлары андай мамлекеттик макамга жетүүгө даяр эмес – түрдүү кафедралардын жок, окутуучулук-профессордук курам алсыз, Кыргызстан боюнча эки гана теология илимдеринин доктору бар, бирок ага карабастан Кыргызстанда 80 пайыз мусулмандар жашагандан кийин кандайдыр бир жолун таап, айрым дин окуу жайларын мамлекеттик лицензия менен камсыздабаса болбойт.

Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы Жуманов болсо бул жерде мынчалык күйүп-быша турган маселе жок деп камаарабайт. Анын айтуусунда, мусулман медреселерин, институттарды, университетти бүткөндөрдөн мен жумушсуз калдым деп эч ким муфтиятка кайрылган эмес. Алардын дин багытында иш аткарбай жүргөндөрү да кыйла болушу мүмкүн. Алар мусулман дин окуусуна биринчи кезекте руханий, адеп-ахлактык жактардан тазаланыш үчүн, диний илимге ээ болуш үчүн келип окушкан. Дин багытында кызматта иштөө - үчүнчү-төртүнчү маселе.

Бишкектеги ислам университетинин ректору Абдышүкүр-ажы Нарматов кандай болбосун мамлекеттик лицензия алышыбыз керек деп мамлекеттик системанын, Билим берүү, илим министрлигинин кандайдыр бир басмырлоосуна кабылууну каалабайт.

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы билим берүү мекемелерин лицензиялоо боюнча мамлекеттик инспекция башчысы Бактыбек Исмаилов тиги жакта өздөрүнчө эле чуулдап, талашып, чочулап аткандарга кыл келбеген маалыматты жарыялады:

- Дин окуу жайлары бизге тийиштүү эмес. Биздин билим берүү системабыз динден тышкары. Ошондуктан мамлекеттик лицензия берүү максатында аларга эч кандай аттестацияларды өткөрө албайбыз. Бизде дин жагынан мамлекеттик билим берүү үлгүсү да жок.Эксперттерди кайдан табабыз аларга.

Ал эми Бишкектеги ислам университетинин беймаалым калууну каалаган студенти: "Биз элден кем бекенбизби? Мектептерде, башка жактарда да иштешибиз керек. Ошо бардыгында иштей тургандай диплом беришсин",-деген талабын билдирди.

КЫРГЫЗСТАН ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУКТУН КОЛДООСУНАН АЖЫРАШЫ МҮМКҮНБҮ?

Кыргызстан баштан кечирген акыркы парламенттик шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам өлкөнүн эл аралык бедели басаңдап кетти деген пикир коом күч. Буга шайлоодон кийин добуш берүү административдик басым алдында өтүп, жыйынтыктар бурмаланды деген ЕККУ баштаган эл аралык уюмдар менен АКШ элчилигинин билдирүүлөрү негиз берди. Андан кийин оппозициядагы партиялардын жеңилишине айран таң калгандыгын жарыялаган АКШнын Улуттук демократиялык институту менен Эл аралык республикалык институттун билдирүүсү аны бекемдеп, Кыргызстандын эл аралык мейкиндиктеги келечегине бүшүркөө күчөп баратат.

Кыргызстандагы оппозициячыл “Ата Мекен” партиясынын парламенттик мандаттан кур калгандыгына айран таң калгандыгын атайын билдирүүдө жарыя кылган АКШнын Улуттук демократиялык институту менен Эл аралык республикалык институт “депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү Копенгаген келишиминин негизинде Кыргызстан ЕККУ алдында алган милдеттенмесинин талаптарына жооп бербейт” деп белгиледи. Андан тышкары оппозиячыл партияны мандаттан кур калтырган БШКнын чечимин жокко чыгаруу боюнча партия берген доо арызды караган соттун “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы менен “Таза шайлоо” ассоциациясы күбөгө тарткан протоколдорду этибарга албагандыгына кабатыр болгондугун баса белгиледи.

Ошондой эле аталган эки уюмдун байкоочулары жыйнап келген протоколдор “Ата Мекен” партиясынын Ош шаарында жарым пайыздык босогону аттап өткөндүгүн айгинелеп турду деп билдирүүлөрүндө белгилешти. Мындан тышкары шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, БШК алдына пикетке чыккан жарандардын камалышын айыптады. Бирок, аталган эки институт мындай билдирүү Кыргызстандын келечектеги эл аралык аброюна кандай таасир берери тууралуу түшүндүрмө берген жок.

Ал эми мурун Кыргызстандын ЕККУдагы өкүлү болгон дипломат Аликбек Жекшенкуловдун баамында, мындай билдирүүлөр Кыргызстанга эл аралык ишенимди жоготот:

- Бул Кыргызстанга аброй алып келбейт. Кыргызстан демократиялык жолунан тайып, авторитаризмге баратат деген пикир дүйнө жүзүнө таралса саясий, эл аралык жана экономикалык мамилеге чоң таасир берет. Анын негизинде биздин мамлекетке ишеним жоголот.

Шайлоодо жеңилген “Ата Мекен” партиясынын өкүлү Темир Сариев болсо бийлик эл аралык уюмдардын Кыргызстандын эл аралык коомчулуктагы аброй-беделин түшүргөн аракеттерин баса көрсөткөн билдирүүлөрүн этибарга албай жатат деген пикирде. Анын баамында, бийликтин мындай багыты Кыргызстанды бара-бара эл аралык коомчулуктан алыстатып, экономикалык кыйынчылыктарга да дуушар кылыш ажеп эмес:

- Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы эмес жеке кызыкчылыктын негизинде көп маселелер чечилип жатпайбы! Ошон үчүн буга чейин Европа Биримдиги, ЕККУ жана башка көп күчтүү мамлекеттер билдирүү жасашты. Ага бийлик көңүл бурган жок. Бирок, бул жон эле өтүп кетпейт. Кыргызстан өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай жатса, ал эртеби, кечпи Кыргызстандын тышкы саясатына терс таасир берет. Биринчиден, эл аралык изоляция башталат.

Ал эми өлкө президенти Курманбек Бакиев жакында эле парламент менен кайрылуусунда: "Биз бүт дүйнө жүзүн жалпы саясий жана дүйнөлүк прцесстерге татыктуу өнөк катары кошула турганыбызды ишендире алдык. Өлкөнүн тышкы саясаты өнүгүүнүн жаңы этабынын максаттарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайыкташып келатат",- деп белгилеп, Кыргызстан дүйнө коомчулугу менен ырааттуу ымалага аралашкандыгын жана ага даяр экендигин билдирген.

Президенттин мындай ишенимине карабастан Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин аткарбаса экономикалык жана саясий санкцияга дуушар болушу толук мүмкүн деген Аликбек Жекшенкуловдун баамында, эгер Кыргызстан андай күнгө дуушар болсо табигый ресурстарга бай коңшуларындай болуп эл аралык коомчулуктун таасирин этибарга албай коюуга чамасы чарк:

- Экономикалык жана саясий санкция Кыргызстан үчүн абдан чоң роль ойнойт. Анткени, Түркмөнстан болобу, Казакстан же Өзбекстан болобу бюджет жана ички дүң продукция жагынан кыйынчылык тартпайт. Алар өз күчү менен чыга алат. А бизде өз күчүбүз менен чыга албайбыз. Жардам маселеси абдан олуттуу маселе.

КЫРГЫЗСТАНДА МАЛДЫ, КАНАТТУУЛАРДЫ КАТТОО КЫЙЫН БОЛУУДА

Жаңы жылдын 2-январынан бери Кыргызстандын өкмөтү өлкө аймагында мал санак жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөт буйругун чыгарып, мал каттоону уюштуруу иш чаралары көрүлгөнү менен жергиликтүү калк малынын санын так айтпай, жаап- жашырып, кыйынчылыктар жаратууда. Мал санактын максаты ар бир үйбүлөөнүн кирешесин аныктоо, балдарга төлөнө турган жөлөкпулду чектөө деген пикирлер айтылып, элет жериндегилер малынын санын так көрсөтпөй жатат.

2008-жылдын 2-январынан 15-январына чейин бардык айыл өкмөттөрүндө, кыштоо, мал сарайларында, фермерлик дыйкан чарбаларында үй канаттууларынан баштап бардык төрт түлүк малды каттоого алуу өнөктүгү жүрдү. Бирок өз мөөнөтүндө жергиликтүү калктын малын саноого толук мүмкүндүк болбогондуктан өнөктүк 20-январга чейин узартылды.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин ветеринардык кызматынын жетекчиси Калысбек Жумакановдун пикиринде мал санак өлкөнүн экономикасы үчүн өтө зарыл жана керектүү иш-чара болсо да элет жеринде бул өнөктүктү үзгүлтүккө учураткан жагдайлар болууда. Себеби Кыргызстанда малдын канча түрү жана саны бар экени так эмес.

Малдын ылаңы чыккан учурда саны так болбогондуктан канча дары - дармек чыгымдалаары так билинбей, мал оорусунун күчөп кетишине себеп болууда, дейт Калысбек Жумаканов.

“Ошондуктан өкмөттүн мал санак боюнча буйругуна өлкөдөгү ит - мышыктарды каттоо сунушун кийирдик. Ооруп өлгөн малдын этин жеген ит- мышыктардан жугуштуу оорулар күчөп, жайылып кетүүдө,"- дейт Калысбек Жумаканов.

“Түштүк Корея” инвестициялык фондунун жетекчиси, мурдакы айыл, суу чарба министри Жумакадыр Акенеевдин пикиринде мал каттоо менен эле айыл чарбасын чыңдоого, малдын башын көбөйтүүгө чаралар көрүлүп, ветеринардык кызматы жакшыртууга, экономикага салым кошууга өбөлгө болмокчу. Казакстан малдын башын көбөйтүү үчүн үстөк пайызсыз кредит берип, акыркы беш жылда малды өстүрдү.

Ал эми өкмөттүн мал санак боюнча буйругунан фермер-дыйкандар кооптонуп турушканын жашырышпады. Мал каттоо менен өкмөт жеке ишкерлердин кирешелерин аныктап, экономикалык жактан көз каранды кылуу менен фермер чарбалардын өнүгүшүнө бөгөт коймокчу. Бул бийликтин диктатордук саясаты, деген пикирин кочкорлук фермер Алмаз Кудайбергенов билдирди.

"Эл мына ушундай кооптонуулардан улам малдын санын так айтпай, жашырып коюуда" - дейт мамлекеттик ветеринардык кызматынын жетекчиси Калысбек Жумаканов.

ҮЧ ТАЛАК ЖАНА УКУГУ БУЗУЛУП ЫЙЛАГАН АЯЛДАР

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгына - муфтиятка акыркы убакта үч талак маселеси менен кайрылгандар арбыды. Муфтият өкүлдөрүнүн билдиришинче мындай көрүнүш үй-бүлө курууга жеңил-желпи мамиле жасагандан улам келип чыгууда. Адистер үч талак берип ажырашкан учурларда аялдардын укугу көбүрөөк бузулуп, жабыркап жаткандыгын белгилешет. Дегеле үч талак деген эмне, ислам дининде ажырашуу жараяны кандай жол-жоболордун негизинде ишке ашат, ал кыргыз мыйзамдарына дал келеби?

Бурул күйөөсү үч талак берип ажырашкан Кыргызстандагы ондогон келиндердин бири. Кичинекей чүрпөсү менен үй-жайсыз калган бул келин учурда кимге кандай жардам сурап кайрылаарын билбей башы маң болуп турган чагы:

- Күйөөм менен жашабай калганыныма бир жылдай болду... Үч талак бердим деп апамдыкына жеткизип салган. ЗАГСка турбай эле никелешип баш кошкон элек.

Байкоочулардын баамында аялдар мындай абалга көбүнесе өздөрүнүн укугун жакшы билбегендиктен улам кабылып жатышат. “Мутакалим” мусулман аялдар уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызынын айтымында ушундан улам утурумдук никеге туруп ажырашкандар көбөйүүдө:

- Азыр маселен айрым эркектер үч-төрт айга даватка чыкса эле ошол жактан бир аял алып алат экен. Анан кетип баратып үч талаксың деп коет экен. Азыр алтүгүл телефон менен талак берип калышыптыр. Сотка деген бар да. Бишкекке учуп келет да телефондон үч талаксың дейт. Аял оозун ачып, ичин челкейтип алып эми эмне кылам деп отуруп калат. Бизге минтип көп аялдар ыйлап келди.

Жаш юрист Мээрим Усубалиева Кыргызстанда ырасмий катталбай никеге туруунун жана ал никени үч талак менен бузуунун Кыргызстанда юридикалык күчү жок экенин баса белгилейт:

- Эмнеси болсо да сотко кайрылышы керек. Негизи нике деген расмий каттоодон өтүшү керек. Ошондо гана расмий ажырашууга укугу бар.

“Мутакалим” мусулман аялдар уюмунун лидери Жамал фронтбек кызы болсо ажырашуу жараянында сотко кайрылып укугун коргоп алышы үчүн нике кыйылганда сөзсүз ал иш-чарага катышкан молдонун, андагы күбөлөрдүн толук атын-жөнүн дарегин каттап алуу кеңешин берет:

- Нике кыйылып жатканда мунун аялы деп ошол мечит, медереселерде атайын күбөлүк берилет. Ошол күбөлүктө эки күбөөнүн колу коюлат. Эгерде ал күбөлөрдүн аты, даректери толук жазылса, аларды кийин таап юридикалык жакка чакырып, күбө катары тартса болот. Бирок бул ар дайым болчу нерсе эмес. Анткени күбөгө тааныбаган эле бирөөнү өткөрүп, мындай документтер жок болуп жатат.

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынан алган маалыматка ылайык ислам дининде үч талак берүүгө эркектердин гана укугу бар. Шариятта бир же эки талак берген учурда күйөсү менен аялы коломтосун кийин бирге тутантып кете алат. Үч талак деген сөз ооздон чыккандан кийин алар толук ажырашкан болуп эсептелет. Эгер бул жубайлар кайра кошулууну чечишсе аял башка никеге туруп, ал нике бузулгандан кийин үч айдан ашыгаарак убакыттан кийин гана үйлөнө алышат. Муфтитяттын үгүт жана фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Иратовдун айтымында азыр Кыргызстандагы мусулман атуулдар шарыяттагы жол-жободон толук маалыматты жок туруп, ойлонбостон ажырашып кетип, кийин молдолорду кайра жараштырып кой деп келгендер көбөйдү:

- Бүгүнкү күндө “бирөөдөн уктум эле, ажырашканда ушинтип үч талак бериш керек экен” деген түшүнүк бар экен. Көпчүлүк учурда мындай ой жаштарда болот. Жок, шариятта андай эмес. Бул кокустан, же аял-күйөөсү урушуп кеткенде гана ишке аша турчу нерсе эмес. Улам уруш боло берсе, үйдө тынчтык болбой жатса, же дагы башка себептер менен баш кошуп бирге жашашы мүмкүн болбой жаткан болсо, отуруп ата-эне менен кеңешип, ортого салып, баардыгы чечилгенден кийин “мен сенин жообуңду бердим, же сага бир талак бердим,” деп эле айтса ошол жетет. Тоо менен тоо көрүшпөйт, адам менен адам көрүшүп калат. Тагдыр кайра аларды кошуп калса нике байлоого мүмкүнчүлүк болуш керек.

Адистер юридикалык күчү жок болсо да каттоосуз никеге туруу жана үч талак берип ажырашуу өлкөнүн баардык эле аймактарында кездешип жатканын, бирок бул көрүнүш өзгөчө Баткен облусуна көбүрөөк мүнөздүү экенин белгилешет.

Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек

УКУК КОРГООЧУ САИДКАМОЛ АХМЕДОВДУН ҮСТҮНӨН СОТ ИШИ БАШТАЛАТ

Касымалиева Аида, Бишкек. Бүгүн Ош шаарында кыргызстандык адвокат жана укук коргоочу Саидкамол Ахмедовдун үстүнөн сот иши башталат. Расмий түрдө Ахмедовго “бирөөнүн буюмун алдоо жолу менен алган жана жасалма документтерди колдонгон” деген айып тагылууда. Бирок жергиликтүү укук коргоочулар Саидкамол Ахмедов укук коргоо органдарын сындагандыгы үчүн жазаланып жатат деген оюн айтышып, бул иш боюнча милиция кызматкерлери бир нече мыйзам бузууларга барышты деп билдиришүүдө.

2007-жылдын август айында Өзбекстанда кармалган укук коргоочу, адвокат жана журналист Саидкамол Ахмедов Ош шаардык тергөө абагына өткөн жылдын 25-декабрында өткөзүп берилген. Буга чейин гезит беттеринде Саидкамолдун өзбек түрмөлөүндө өлгөндүгү тууралуу жалган маалымат тараган эле. Бизге Ахмедовдун жактоочусу Таир Асанов анын акыбалы дурус деп билдирди:

- Анын маанайы жакшы. Моралдык жактан суракка жооп беруүгө даяр.

Саидкамол Ахмедов 2007-жылдын 5-сентябрында Өзбекстанда Кыргызстандык укук коргоочулардын суранычы боюнча камакка алынган. Ошондон бери Ташкенттин түрмөсүндө отурган. 2007-жылдын июнь айында агаг карата кылмыш иши козголгон. Ушул эле убакта Саидкамол Ахмедов БУУдан мандаттуу качкын макамын алган. Саидкамол Ахмедов буга чейин түрмөлөрдөгү кыйноолор тууралуу, милиция, прокуратура кызматкерлеринин ишин сындап жазып келген.

Анын адвокаты Таир Асанов Саидкамол Ахмедовдун иши биринчиден жарандык тартипте каралышы керек эле дейт:

- Жабырлануучу болуп эсептелген Курулбаевдин жана адвокат Ахмедовдун иши – жарандык жана укуктук мамилелер. Ошого карабастан, Ахмедовдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал куугунтукка алынган.

Экинчиден, укук коргоочу Улукбек Бабакуловдун пикиринде бул жарандык иштин кылмыш ишине айланышы - жогорку адис деп эсептелген Ахмедовдон кутулгусу келгендердин иши.

- Саидкамол Ахмедов Ош шаардык жана облусттык укук коргоо органдарында жайылган укуктук башаламандык жөнүндө ачык айтып, ачык жазат эле.

Улукбек Бабакулов бул жерде Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматкерлери жана алардын өзбекстандык кесиптештеринин ортосунда бири-бирине жагынуу жүрүп жатат дейт.

- Кыргызстандык укук коргоо органдары өзбекстандыктарга кандайдыр бир жардам көрсөтүшөт. Ал эми алар биздикилерге качкынды бере коюшту, - деди Улукбек Бабакулов.

Жалалабат шаарында жайгашкан “Акыйкаттык” укуктук уюмунун жетекчиси Валентина Гриценко биздин укук коргоо органдары Оштогу телекөрсөтүүлөрдөн сотко чейин эле Ахмедов тууралуу “кылмышкер изделүүдө” деп жарыя беришип, жарандын “кунөөсүздүк презумпция” укугун бузгандыгы тууралуу айтат. Валентин Гриценко Ахмедовдун кантип камалгандыгы тууралуу “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү айтты:

- Ахмедовго БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссариаты качкын мандатын Казакстанда тапшырган. Бирок Ахмедовдун үйбүлөсү Ташкенде тургандыктан, анын аялы каттуу ооруп калганда, ал Өзбекстанга барган. Бирок Өзбекстан аын Кыргызстанга бербеши керек эле, себеби ал мандаттуу качкын да, - дейт Валентина Гриценко.

Ош шаардык ичик иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Тургунбай Жумабаев Саидакмол Ахмедов соттук кароо учурунда Өзбекстанга качып кеткендигин 9-январда “Азаттыкка” билдирген. Ал Ахмедов жарандардын документтерин жасаган деп кунөөлөнгөндүгүн ырастаган.

Укук коргоочулар Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссариаты бул иш боюнча билдирүү жасай элек деп таң калышууда. Алардын кээ бирөөлөрү чогуу президентеке жана БУУга кат жолдошту.

- Эгерде Ахмедов айыптуу деп табылса, биз тоталитардык же авторитардык режимге кайтканыбызды, өлкөдө укуктук башаламандык жүрүп жаткандыгынын далили болот , -дейт Улукбек Бабакулов.

Ал эми Валентина Гриценко буга чейин Кыргызстан качкындарды кабыл алып, анын аброю дүйнөдө жогору эле дейт.

- Бирок эми бизден да саясий качкындар пайда болду. Бул коркунучтуу белги. Адамдарды башкача ойлонгондугу үчүн куугунтуктоо башталды десек болот , - деди Валентина Гриценко.












Сразу после задержания Ахмедов был водворен в У/Я 64/ИС-1, больше известном как «Таштюрьма», затем был отправлен в тюрьму города Андижана.

М.НИЯЗОВ: БҮГҮНКҮ САЯСАТ МЕНЕН МАМЛЕКЕТТИК КООПСУЗДУКТУ САКТАП КАЛА АЛБАЙБЫЗ

Маектешкен Мээрим Султангазы Кыргызстанда жүк ташуучу поездден табылган уулуу затка байланышкан окуя учурда иликтенүүдө. 31-декабрь күнү “Беловодск” темир жол бекетине келген поездден адам өмүрү үчүн өтө коркунучтуу уулуу зат - радионуклид табылган. Бирок бул окуя бир жумадан кийин гана коомчулукка белгилүү болду. Бул окуяга байланыштуу өз пикирин Коопсуздк кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов “Азаттык” менен ой бөлүштү.

- Мирослав мырза, 31-декабрь күнү “Беловодск” темир жол бекетине келген жүк ташуучу поездден уулуу зат табылганы тууралуу маалымат 9-январда гана чыккан. Мунун жашыруун болгон себебин эмнеден көрсө болот?

- Биринчи ирээт жоопкерчиликтен качкандык деп эсептейм. Экинчиден, буга тиешелүү министрлердин кемчилиги деп ойлойм.

- Бул кокустукпу же биздин коопсуздугубуздун жоктугунун белгисиби?

- Бүгүн президент баш болуп сайрап жатпайбы, турмушубуз оңолуп жатат, экономикабыз өсүп жатат деп. Бирок бийлик мамлекеттик коопсуздукту сактай албаса, ошол айткан ийгиликтердин эмне пайдасы бар. Бүгүнкү жүрүп жаткан саясат менен мамлекеттик коопсуздукту сактап ала албайбыз. Анткени бийлик бүгүн ийне жибине чейин кийлигишип жатпайбы. Ушундай улана берсе, биздин казаныбыз эч качан кайнабайт. Анткени бийлик анык коопсуздук проблемалары менен, тышкы саясат, экономика, социалдык проблемалары менен алек болушу керек.

- Жүк ташуучу поездден табылган бул уулуу зат цезий - 137 заты деп антыкталыптыр. Бул өзү эмне зат экендиги тууралуу кененирээк түшүндүрмө берип кетсеңиз?

- 60-жылдардын тегерегинде бизде уран кендери көп болчу. Ошондо биз байытылбаган уран деп кенибизден көп тапчу элек. Кийин бул кендер жабылып калды. Эми бул уулу зат кайдан келгенин так айтуу кыйын. Бул Кыргызстанда болбосо керек. Анткени анда коопсуздукту көзөмөлдөгөн күчтүү мекемелер бар эле. Мен ойлойм, бул сырттан келген болушу керек. Бирок ошонун келгени , башка жерден келген күндө да бул биздин мекемелерибиздин , ошого тиешелүү ишканаларыбыз жакшы иштебей жатканынын белгиси деп ойлойм.

- Бул айлана чөйрө,адам өмүрүнө канчалык коркунучтуу?

- Коркунучу өтө зор. Бул адамдын көзүнө көрүнбөгөн зат. Радиациянын деңгээли чоң болгондуктан адамдын өмүрүнө терс таасирин тийгизет. Ошондуктан ар бир мамлекет өзүнүн чекарасында ушундай нерселер өтпөсүн деп, абдан чоң иштерди жүргүзөт. Биздин чекардан ушундай заттар өтүп кетип жаткандан кийин, бул чекаранын ишинде чоң кемиликтерди белгилейт элем.

- Эл аралык конвенцияларга ылайык, Кыргызстан өзөктүк кураладыр жана уулуу заттарды таратпоо боюнча милдеттенмелерин алгылыктуу аткарып жатабы?

- Жалаң эле ошол конвенция эмес, андан башка кол койгон толтура келишимдердеги милдеттенмелерди аткарбай жатапайбызбы. Биз ошол милдеттенмелерди аткарбасак, эл аралык ишенимден кетип калышыбыз мүмкүн.

- Сиз Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда ушул сыяктуу өзгөчө кырдаалдагы абалдар болду беле?

- Албетте болгон. Мунун бир кемчилиги - биздин коопсуздук системабыздын жок болуп жаткандыгынан. Азыр биз коопсуздук сиситемабызды уюштурушубуз керек. Системаны курмайынча ар дайым ушундай проблемалардын үстүндө тура беребиз.

- Буга чейин Ирандан Ооганстанга Кыргызстан аркылуу курал алып өтүү аракети коомчулукту дүрбөттү эле. Эсиңизде болсо керек, бул окуя Ошто болуп, аны кармаган ошол убактагы облусттун күч структурасында иштеп турган Өмүрбек Суваналиев эле. Ошол маселенин аягына чыкпай калышынын себеби эмнеде?

- Эл аралык чоң саясатта жашыруун, бири бирине жардам бергени баарыбызга маалым. Мен бул окуяны жакшы билем. Ошондо бул жардам бизге аябай керек эле. Өзбектерге, казактарга керек болчу. Бирок тилекке каршы, ошону кармап алып чоң саясатка айлантып жиберишкен. Бирок бул Орто Азияга чоң коркунуч алып келген. Ошол окуяны ачпай койсок болмок эле. Ошондо бул жүктөр бизге тиешелүү күчтөргө кетип жаткан да.

- Радиоактивдүү заттар менен соода кылуу Борбор Азия чөлкөмүнө канчалык деңгээлде коркунучтуу?

- Бул негизи коркунучтуу, буга кийлигишпей койсок жакшы болмок. Эми базар экономикасында адам баласы азыр кудайды да тааныбай калды. Эмне болсо да алып сатайын дегенге мамлекеттик уюмдар тоскоолдук кылуу керек. Буга жол берилбеши керек.

- Ушул маселелер боюнча Улутуук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин иш аракеттерине кандай баа бересиз?

- Жалгыз коопсуздук комитетинин колунан эмне келмек эле, муну элибиз түшүнүшү керек. Элде кайдыгерлик болсо, бир дагы мекеменин колунан эч нерсе келбейт. Эл колдошу керек. Бул жерде жалаң гана коопсуздук комитетинин кемчилиги деп айтсам акыйкат болбой калат. Бул жерде жалпы ишканаларыбыз начар иштеп жатат.

ОППОЗИЦИЯНЫН МЕНЧИК ИШКАНАЛАРЫН ТЕКШЕРҮҮ БАСТЫ

Каржы полициясы бүгүн оппозициялык саясий ишмер Кубатбек Байболовдун жеке менчик «Оберон» фирмасынын каржылык ишмердигин текшерүүгө киришти. Ушул эле күнү оппозициялык партияларды жергиликтүү салык инспекциялары текшерип жаткандыгы маалымдалды. Оппозициялык лидерлер мындай көрүнүштөрдү саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты, оппозициячыл саясатчы, «Ата мекен» партиясынын катарында парламенттик шайлоого катышкан Кубатбек Байболов ээлик кылган «Оберон» фирмасы ишмердүүлүгүн Кыргызстан аймагында он жылдан бери жүргүзүп келатат. Фирманын башкы директору Мира Атаканованын билдиргенине караганда, соода жана өндүрүш жаатында иш жүргүзгөн бул фирма мамлекетке жылына 10 миллион сомдон ашык салык төлөйт. Анткен менен бүгүн Баш прокуратура жаңы козгогон кылмыштын жана Ленин райондук соту берген уруксаттын негизинде республикалык каржы полициясы фирманын баш кеңсесин тинтүүгө алып, текшере баштады. Мунун себеп-жайы тууралуу каржы полициясынын кызматкерлери түшүндүрмө берүүнү ылайык көргөн жери жок. Бул тууралуу каржы полициясынын директорунун жардамчысы Зулкайнар Сарытаев «Азаттыктын» кабарчысына билдирди. Ал эми Кубатбек Байболовдун «Азаттыкка» жагдайды минтип түшүндүрдү:

- 1 млн. 200 миң салык төлөнбөптүр деп бизге 2005-жылдын жыйынтыгы боюнча доо коюлган. Биз апелляциялык арыз берип, ал бүтүм туура эмес экендигин далилдегенбиз. Ошого карабастан, кылмыш ишин козгоп, 2006-жылдан бери сүйрөп келатышат. Ал иш эми кыскартылып, документтерди бербей жатат деп, каржы директорубузга иш козголуп. Ал дагы кыскартылганына карабастан, эми жаңы жылдын башында кайрадан ошол ишти жандандырып, биз ошол Жогорку Сотко чейин жетип утуп алганыбызга карабастан, өкүмзөрдүк менен документтерди тартып алып, дагы текшеребиз деп аракет кылып жатышат.

Байболов мындай аракеттерди бийлик тарабынан жасалган саясий куугунтук катары баалады. Саясатчынын партиялашы, «Ата мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул аракеттерди бийликтин саясий айдыңдан атаандаштарды сүрүп чыгаруунун жолу деп баалады:

- Саясий аренаны бөлүштүрүү, тартып алуу, оппонентин сүрүп чыгаруу дегендин өзү куугунтук дегенди билдирет.

Текебаевдин көз карашында, чарбалык териштирүүнү бийлик акыркы жылдары саясий кысым жасоонун натыйжалуу ыкмасы катары пайдаланып келатат. Буга мисал катары саясатчы бийликке ыңгайлуу тыянак берген «Кристалл» ишканасына, «Пирамида», НТС, КООРТ, «Сентябрь» телеканалдарына байланышкан чарбалык териштирүүлөрдү кошту.

Байболов ээлик кылган «Оберон» фирмасынан тышкары «Ата мекен», «Ар намыс», Жашылдар партияларынын каржылык ишмердүүлүгүн салык кызматтары текшерүүгө ала баштагандыгы маалымдалды. Соцфонддун доо арызынын негизинде карап, чыгарган райондор аралык сот чечиминин негизинде 11-январда Улуттук Банк «Кыргызөнөржайкурулушбанкында» банкрот жараянын баштады. Бул иш кынтыксыз мыйзам чегинде жасалып жаткандыгын бир күн мурда журналисттерге Улуттук Банктын төрага орун басары Кубанычбек Бөкөтаев билдирди:

- «Кыргызөнөржайкурулушбанкын» консервация режимине киргизүү жөнүндөгү Улуттук Банктын чечими анын укуктарынын жана республика мыйзамдарынын чегинде, ишке ашууда.

Анткен менен банктын төрагасынын кеңешчиси, ноябрь митингисинде «Реформа үчүн!» кыймылын колдогон экс-депутат Муратбек Мукашев банкка жасалган мамилени басып алуучулук катары баалап, мунун артында саясат бар деген ойдо:

- Кыргызстанда болгон референдумга, парламенттик шайлоого көз карашым түз эмес, - деп билдирди маалымат жыйынында Мукашев.

Мукашев сыяктуу эле Байболов да өзүнүн менчик фирмасында мыйзам бузуу бар деп эсептебейт. Ошондуктан, фирма кыскартылган ишти туура эмес козгоду деп баш прокуратураны, каржы полициясына фирманын кеңсесин тинтүүгө уруксат берди деп Ленин райондук сотун сотко берди. Бирок, Байболов соттук териштирүүлөрдөн майнап чыгарына жана менчиги сакталып каларына ишенген жери жок. Куугунтук улана берсе башка өлкөлөрдөн саясий баш калка суроо зарылдыгы пайда болот деди «Азаттыкка» берген интервьюсунда Байболов.

ОППОЗИЦИЯНЫН КООМДОГУ ОРДУ ЖАНА ТААСИРИ КАНДАЙ БОЛОТ?

“Акыйкат үчүн” кыймылы 14-январда өткөргөн саясий форумда 16-декабрда шайланып келген парламентти легитимсиз деп таануу, коомдук парламент түзүү жана элдик курултай чакыруу боюнча чечимдер кабыл алынды. Аталган кыймылдын лидерлеринин бири экс-депутат Өмүрбек Текебаев ушул форумда кабыл алынган чечимдер жөнүндө ой-пикир бөлүштү.

- Өмүрбек мырза, оппозициялык күчтөрдүн, айрым саясий партиялардын жарандык коомдун өкүлдөрү биригүү аракетин көргөн алгачкы жыйынга чогулушту. Сиздин оюңузча, бул жыйындын, дегеле биригүү аракетинин натыйжасы кандай болмокчу?

- Кыймыл бул кеңири спектрдеги саясий күчтөрдү, атуулдарды бириктирген уюм. Бул кыймылга кээ бир маселелер боюнча бири-бирине таптакыр карама-каршы көз караштары бар партиялар, саясатчылар биригиши мүмкүн. Анткени, кыймыл бүгүнкү күндүн эң негизги маселесин бөлүп чыгарып, негизги максат кылып коет. Калган майда карама-каршы келбеген пикирлердин үстүндө туруп, ар кандай көз караштагы партияларды, саясатчыларды бириктирет. Бүгүн ушундай фактор болуп мыйзамдуулуктун бузулушу, мамлекеттик бийликке монополиянын реалдуу киргизиле башташы, ММКлардын чектелиши сыяктуу демократиялык принциптерден артка кайтуу бүгүн абдан маанилүү фактор, маанилүү кырдаал дегендиктен ар кандай көз караштагы саясатчылар, партиялар ушул кыймылга биригип отурат. Бул кыймылда бүгүнкү абалга баа берилип, бул изилденип, талкууланып негизги маанилүү деген багыт боюнча тапшырма чыгат. Мына ошол тапшырманы аткарыш үчүн, оң процесстерди сактап калыш үчүн, терс процесстерге каршы туруу үчүн бул кыймыл иш алып барат. Канчалык ийгиликтүү болот муну убакыт көргөзөт. Бүгүн ушундай кырдаал түзүлгөндүгү, демократиялык күчтөр 90-жылдын башындагыдай кайрадан биригүүгө аракет кылгандыгынын өзү коомчулукта маанилүү маселенин бар экендигин, ал жөнүндө көпчүлүктүн пикири бир экендигин көргөзөт. Бул абдан маанилүү окуя.

- Оппозициялык күчтөр, “Акыйкат үчүн” кыймылы ушундай биригүү аркылуу чоң таасирдүү күчкө айлана алабы?

- Бул бийликтин саясатынан, анын жүргүзгөн иш-аракетинен көп көз каранды. Эгер алар зордук-зомбулук, баскынчылык саясатын андан ары уланта бере турган болсо, албетте, кыймыл чыңалат, катышуучулардын саны көбөйөт. Абалдан көз каранды болгон суроо бердиңиз, кыймыл канчалык күч алат, канчалык чечкиндүү болот, кандай конкреттүү формаларды иш чара алып барат, муну бийликтин аракети, анан конкреттүү региондогу, ошонун ичинде Кыргызстандагы саясий экономикалык абал аныктайт.

- Коомдук парламентти түзүү идеясы түрдүү суроолорду пайда кылууда. Анын коомдогу орду кандай болмокчу?

- Муну убакыт көргөзөт. Биринчиден, бүгүнкү парламент өзүнө коюлган милдетти кандай аткарат. Ал жерде тигил же бул маанилүү маселелерди талкулоо ачык жүрүп, альтернативдүү ой пикирлер мурункудай болуп айтылабы. Эгер айтылбастан талкуусуз чечимдерди кабыл ала турган болсо, ошол жерде кабыл алынган маанилүү маселелердин манызын көргөзүп, анын Кыргызстандын келечегине кандай таасирин тийгизишин көргөзгөн альтернативалык ойлор айтылган коомдук талкуу коомдук парламентте жүрөт. Анын жыйынтыгы сөзсүз атуулдарга жеткирилиши керек.

Мунун маңызы ушундай, тигил же бул өкмөт, парламент кабыл алынган чечиминин кесепети кандай болот, анын Кыргызстанда болгон таасири кандай болот. Мына ушул планда кабыл алынып отурат. Ал эми бүгүн өзүбүз көрүп отурабыз, парламентте төрага, комитеттин төрагасы, фракциянын жетекчиси сүйлөйт, калгандарына сүйлөөнүн кереги жок деген тенденция дагы бар. Эгер калган депутаттарга сүйлөгөнгө уруксат берсе дагы партиялык дициплина аларды кысып коюшу мүмкүн. Анча-мынча эркин сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирин ММКлар, ошонун ичинде мамлекеттик телерадио компаниялар элге көргөзбөй коюшу мүмкүн. Ошентип бул жерде элге кабыл алынып аткан чечимдин күңгөй-тескейи айтылбай калышы мүмкүн. Коомдук парламент мына ушул кемчиликтерди четтетүүгө багытталган. Коомдук парламент тигил, же бул кабыл алынган чечим, тигил, же бул коомдук, экономикалык ыактылардын, окуялардын күңгөй-тескейин, анын альтернативдүү көз караштарын, анын кесепетин калкка жеткирүү миссиясын өзүнө алат. Ал жерде актуалдуу маселелер ар түрдүү тармактан талкууланып, баа берилип, маалымат калайык калкка жеткирилет.

- Сиздин баамыңызда эми өлкөдөгү мындан кийинки абал, жалпы эле саясий-экономикалык кырдаал кандай өнүгөт?

-
Өлкөдөгү саясий кырдаал эки чоң генералдык багыттан көз каранды деп эсептейм. Биринчиси, ушул кезге чейин коомдун бүйрөсүн кызытып, улуттук деңгээлде дискуссия болуп жүргөн энерго сектордун жана башка темир жол, аба жолдору сыяктуу стратегиялык ишканалардын приватташтыруусунун айланасындагы окуя, анын социалдык кесепети. Мисалы, Бишкек жылуулук борбору, Түндүкэлектро приватташтырылса, анын карапайым калкка кандай таасири тиет. Дүйнөлүк рынокто энерго ресурстардын, айыл чарба продукциялардын баасынын өсүшү кандай таасир этет. Ушунун баарын биринчи приватташтыруу линиясына байлагым келет. Экинчиси, бийлик демократиялык түзүлүштө кандай багыт алат. Бүгүнкүдөй эле күч колдонуу стилин алып демократияны, сөз эркиндигин чектөөгө багыт алган саясатын улантабы, же бизде реалдуу демократиялык режим сакталып калабы. Мындан да көп нерсе көз каранды. Анткени бүгүн ММКларды куугунтуктоо, саясатчыларды куугунтуктоо, адамдардын сөз, жыйналыш, саясий эркиндиктери ачыктан-ачык чектелип жаткан саясаты уланса бул дагы Кыргызстандагы саясий абалды аныктаган генералдык линиялардын бири болуп калат.

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу

468 МИЛЛИОН СОМДУК УЧАКТЫН УЧУГУН ИЗДЕП …

Каржы министри Тажикан Калимбетова өткөн жылы бюджеттен 468 миллион сом учак сатып алуу үчүн бөлүнгөнүн 14-январда билдирди. Ал учакты «Кыргызстан» авиакомпаниясы сатып алганын кошумчалады. Бирок авикомпаниянын вице-президенти Николай Лиманский учак сатып алуу тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин «Азаттыкка» билдирди.

Учактын учугун табуу үчүн «Кыргызстан» авиaкомпаниясынын вице-президенти Николай Лиманскийге 15-январда кайрылдык. Ал кайсы учак жөнүндө сөз болуп жатканы тууралуу такыр кабарсыз экенин билдирди:

-Бизде эч кандай маалымат жок. Биз учак сатып алган жокпуз. Эмне жөнүндө сөз болуп жатканын да билбейбиз. Анткени буга байланыштуу өкмөттүн токтому чыкканын да билбейбиз. Биз сатып алуу үчүн учак тандаган да жокпуз.

Бирок транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманкулов Кыргызстан 468 миллион сомго, же 13 миллион долларга учак сатып алуу үчүн Кытай жана Россия менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп жатканын «Азаттыкка» билдирди:

-Азыр мына биз Кытай, Россия менен сүйлөшүп жатабыз. Ички каттамдарга эки учак сатып алалы деп жатабыз.Азырынча сүйлөшүүлөрдүн аягына чыга элекпиз. Аягына чыкканда сөзсүз маалымат беребиз. Акчага сатып алуу, андан сырткары лизингге алуу жагын да караштыруудабыз.

Учурда сүйлөшүүлөр аягына чыга электиктен, учактын маркасы жана башка өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат бере албасын, бирок алар чет өлкөлүк маркада болоорун министр кошумчалады.

Белгилүү болгондой, 14-январда Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев 468 миллион сом бюджеттик каражатка ким учак сатып алып жатканын ачыктоону каржы министри Тажикан Калимбетовадан талап кылган:

Исхак Масалиевдин суроосуна Тажикан Калимбетова «Кыргызстан» авикомпаниясы сатып алып жатат деп жооп берген эле.

Транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманкуловдун маалыматына караганда, жаңы сатып ала турган учактар менен Кыргызстан Европа өлкөлөрүнө учууга да мүмкүнчүлүк алат. Белгилүү болгондой, Европа Биримдигине Кыргызстандын учактарынын учуусуна 2006-жылдын күзүндө тыюу салынган. Мындай чараны Биримдик Кыргызстандын аба жолдору боюнча департаментинин көз карандылыгы, кадрлардын төмөн квалификациясы жана мыйзамдык базасынын начардыгына, учактардын Европа талаптарына жооп бербегендигине байланыштуу кабыл алган.

Транпорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы Кубанычбек Мамаевдин билдирүүсүнө караганда, бул кемчиликтерди четтетүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат:

-Биздин аба департамент кара тизмеде. Аба каттамдары боюнча эл аралык уюмдун өзүнүн талаптары бар. Ал боюнча департамент деген көз карандысыз эксперт катары болуш керек. Дагы башка талаптар бар. Биз алардын үстүнөн иштеп жатабыз.

«Кыргызстан» авикомпаниясынын вице-президенти Николай Лиманскийдин маалыматына караганда, мындай аракеттер көрүлүп жаткан менен ал жайбаракат жүрүп, натыйжада өлкө быйылкы жылы да Европа өлкөлөрүнө учуу укугуна ээ боло албайт.
Өткөн жылы «Кыргызстан аба жолдору» жана «Алтын эйр» авиакомпанияларын бириктирүү менен түзүлгөн «Кыргызстан» мамлекеттик авикомпаниясынын карамагында эки ТУ-154, бир ТУ-134 жана эки Ан-24 учагы бар. Алар менен «Кыргызстан» авикомпаниясы КМШ өлкөлөрүнө, Кытай, Дубайга учууда.

Айта кетүүчү нерсе,эки ТУ-154 учагынын бирөөсүн орус президенти Владимир Путин өткөн жылы Кыргызстанга белек кылган. Ал транспорт жана коммуникация министрлигинин менчиги катары туруп, бирок «Кыргызстан» авиакомпаниясы пайдаланууда.

БИШКЕКТЕ МИЛИЦИЯ МИТИНГ АКЦИЯЛАРДЫ КУУП ТАРКАТУУГА КЫНЫК АЛДЫ

Жаннат Токтосунова, Бишкек Бүгүн Бишкек райондор аралык соту укук коргоочулардын митинг-пикеттерди чектөө боюнча шаар кеңешинин токтомун жокко чыгаруу боюнча доо арызын карап, аны каанаттандырган жок. Шаар кеңешинин өкүлү көчө жыйындарын жана митинг-пикеттерди өткөрүү боюнча чектөөлөр ал иш-чараларды тартипке келтирүү максатында гана коюлган деп билдирди. Укук коргоочулардын пикиринде, шаардык кеңештин токтому Конституцияга карама-каршы, ал эми соттун бүгүнкү чечими Кыргызстан бара-бара авторитаризмге ооп бара жатканын көрсөтүүдө.

Бишкек шаар кеңеши көчө жыйын, пикет, нааразылык билдирүүлөрдү өткөрүү тартибин өткөн жылдын 30-ноябрында бекиткен. Ага ылайык, борбор калаадагы нааразылык иш-чаралары Жогорку Кеңеш имаратынын алдындагы аянтта, М.Горький эстелигинин жанында, жана ошондой эле Жаш Гвардия менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Жаштык” багында гана өтүшү зарыл. Мындан сырткары митинг уюштуруучулары нааразылык чара тууралуу шаар бийликтерин он күн мурда кат жүзүндө кабарлап, акциянын башталаар, бүтөөр убактысы, катышуучулардын саны, коомдук тартипти сактоо милдеттенмеси, медицииналык камсыздоого, тазалыкка, тартип коргоого берилчү каражаты тууралуу маалымат берилиши керек деп чечишкен болчу шаар кеңешинин депутаттары.

Бул чечимди бир катар бейөкмөт уюмдар адам укугун чектөө жана Башмыйзамды одоно бузуу катары баалап, аны жокко чыгаруу максатында сотко кайрылаарын убадалашкан.

Бишкек район аралык сотунда шаар кеңешинин токтомун жокко чыгаруу боюнча укук коргоочулардын бир нече доо арызы бар. Алардын алгачкысы бүгүн каралды. Укук коргоочулар Динара Ошурахунова жана Нурбек Токтакуновдор шаар кеңешинин чечимин саясий буюртма катары баалап, соттон аны жокко чыгарууну суранышты:

- Эгерде шаар кеңешинин токтому күчүндө кала турган болсо, коомдо чыңалуу жаралышы мүмкүн. Тынч жыйындар үчүн үч жайды гана бөлүп берүү жер титирөөгө үч аймакты бөлүп коюу менен салыштырууга болот. Жарандар көчөгө чыгып, нааразылыгын билдиргиси келсе, аларды бир да токтом, бир да мыйзам токтото албайт.

Нурбек Токтакуновдун айтымында, 2002-жылы кабыл алынган “Жарандардын тынч жыйналуу укугу жөнүндө” мыйзамына ылайык, нааразылык акцияларды өткөрүү үчүн бийликтерди алдын-ала маалымдап гана коюу керек. Мыйзамда тынч жыйындарды өткөрүү тартиби боюнча да чектөөлөр жок. Бишкек шаар кеңеши мындан жети жыл мурун да азыкыга окшош чечим кабыл алып, баш мыйзамдын 25-беренесине каршы келет деп ал токтом 2004-жылы Конституциялык сот тарабынан жокко чыгарылган болчу.

Шаар кеңешинин өкүлү Элдар Мамыров шаар бийликтери митинг-пикеттерди өткөрүүнүн эрежелерин Конституциянын башка беренелерине таянып бекиткенин билдирди

- Ошол эле Башмыйзамда бир жарандын укуктарынын аткарылышы башка жарандын укуктарын бузбашы керек деп жазылган. Митинг-пикетке чогулгандар башка адамдарга тоскоол болбоосу шарт. Мындан сырткары борбор калаа тууралуу мыйзамдын 1-беренесине ылайык, шаардык кеңеш нааразылык акцияларды өткөрүү тартибин бекитүүгө укуктуу, -деди Элдар Мамыров.

Эки тарапты уккан соң судья Мухтарбек Алымкулов шаар кенешинин токтому күчүндө калсын деген чечимин чыгарды. Укук коргоочу Динара Ошурахунова шаардык кенештин токтому парламенттик шайлоону утурлай ишке ашырылган саясий чечим болгондуктан, соттон башканы күткөн деле эмесмин деп билдирди.

Ал эми “Кылым шамы” уюмунун өкүлү Гүлшайыр Абдрасулова бүгүн эле Каракол шаардык кеңешинин митинг, пикеттерди өткөрүү боюнча чечимин юстиция башкармалыгы каттоодон баш тартканын жакшы белги катары баалап, укук коргоочулар бул боюнча мындан жогору инстанцияларга да кайрыла берээрин белгиледи.

Шаардык кеңешинин токтомуна таянып, милиция 20-декабрда “Мен ишенбейм” акциясынын ондогон мыйзамсыз нааразылык иш-чара уюштурду деген кине менен кармап кеткен. Биринчи май райондук сотунун чечими менен, кармалгандардын айрымдары беш-жети күнгө эркинен ажырап, башкаларга акчалай айып салынган болчу.










Бүгүн Бишкек райондор аралык соту укук коргоочулардын митинг-пикеттерди чектөө боюнча шаар кеңешинин токтомун жокко чыгаруу боюнча доо арызын карап, аны каанаттандырган жок. Шаар кеңешинин өкүлү көчө жыйындарын жана митинг-пикеттерди өткөрүү боюнча чектөөлөр ал иш-чараларды тартипке келтирүү максатында гана коюлган деп билдирди. Укук коргоочулардын пикиринде, шаардык кеңештин токтому Конституцияга карама-каршы, ал эми соттун бүгүнкү чечими Кыргызстан бара-бара авторитаризмге ооп бара жатканын көрсөтүүдө.


Бишкек шаар кеңеши көчө жыйын, пикет, нааразылык билдирүүлөрдү өткөрүү тартибин өткөн жылдын 30-ноябрында бекиткен. Ага ылайык, борбор калаадагы нааразылык иш-чаралары Жогорку Кеңеш имаратынын алдындагы аянтта, М.Горький эстелигинин жанында, жана ошондой эле Жаш Гвардия менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Жаштык” багында гана өтүшү зарыл. Мындан сырткары митинг уюштуруучулары нааразылык чара тууралуу шаар бийликтерин он күн мурда кат жүзүндө кабарлап, акциянын башталаар, бүтөөр убактысы, катышуучулардын саны, коомдук тартипти сактоо милдеттенмеси, медицииналык камсыздоого, тазалыкка, тартип коргоого берилчү каражаты тууралуу маалымат берилиши керек деп чечишкен болчу шаар кеңешинин депутаттары.

Бул чечимди бир катар бейөкмөт уюмдар адам укугун чектөө жана Башмыйзамды одоно бузуу катары баалап, аны жокко чыгаруу максатында сотко кайрылаарын убадалашкан.

Бишкек район аралык сотунда шаар кеңешинин токтомун жокко чыгаруу боюнча укук коргоочулардын бир нече доо арызы бар. Алардын алгачкысы бүгүн каралды. Укук коргоочулар Динара Ошурахунова жана Нурбек Токтакуновдор шаар кеңешинин чечимин саясий буюртма катары баалап, соттон аны жокко чыгарууну суранышты:

- Эгерде шаар кеңешинин токтому күчүндө кала турган болсо, коомдо чыңалуу жаралышы мүмкүн. Тынч жыйындар үчүн үч жайды гана бөлүп берүү жер титирөөгө үч аймакты бөлүп коюу менен салыштырууга болот. Жарандар көчөгө чыгып, нааразылыгын билдиргиси келсе, аларды бир да токтом, бир да мыйзам токтото албайт.

Нурбек Токтакуновдун айтымында, 2002-жылы кабыл алынган “Жарандардын тынч жыйналуу укугу жөнүндө” мыйзамына ылайык, нааразылык акцияларды өткөрүү үчүн бийликтерди алдын-ала маалымдап гана коюу керек. Мыйзамда тынч жыйындарды өткөрүү тартиби боюнча да чектөөлөр жок. Бишкек шаар кеңеши мындан жети жыл мурун да азыкыга окшош чечим кабыл алып, баш мыйзамдын 25-беренесине каршы келет деп ал токтом 2004-жылы Конституциялык сот тарабынан жокко чыгарылган болчу.

Шаар кеңешинин өкүлү Элдар Мамыров шаар бийликтери митинг-пикеттерди өткөрүүнүн эрежелерин Конституциянын башка беренелерине таянып бекиткенин билдирди

-
Ошол эле Башмыйзамда бир жарандын укуктарынын аткарылышы башка жарандын укуктарын бузбашы керек деп жазылган. Митинг-пикетке чогулгандар башка адамдарга тоскоол болбоосу шарт. Мындан сырткары борбор калаа тууралуу мыйзамдын 1-беренесине ылайык, шаардык кеңеш нааразылык акцияларды өткөрүү тартибин бекитүүгө укуктуу, -деди Элдар Мамыров.

Эки тарапты уккан соң судья Мухтарбек Алымкулов шаар кенешинин токтому күчүндө калсын деген чечимин чыгарды. Укук коргоочу Динара Ошурахунова шаардык кенештин токтому парламенттик шайлоону утурлай ишке ашырылган саясий чечим болгондуктан, соттон башканы күткөн деле эмесмин деп билдирди.

Ал эми “Кылым шамы” уюмунун өкүлү Гүлшайыр Абдрасулова бүгүн эле Каракол шаардык кеңешинин митинг, пикеттерди өткөрүү боюнча чечимин юстиция башкармалыгы каттоодон баш тартканын жакшы белги катары баалап, укук коргоочулар бул боюнча мындан жогору инстанцияларга да кайрыла берээрин белгиледи.
Шаардык кеңешинин токтомуна таянып, милиция 20-декабрда “Мен ишенбейм” акциясынын ондогон мыйзамсыз нааразылык иш-чара уюштурду деген кине менен кармап кеткен. Биринчи май райондук сотунун чечими менен, кармалгандардын айрымдары беш-жети күнгө эркинен ажырап, башкаларга акчалай айып салынган болчу.

Алатоодо альпинизм кандай өнүгүп жатат?

Ушул күндөрү дүйнөлүк альпинизмдин көрүнүктүү өкүлү, Эверестти багындырган Эдмунд Хиллари 88 жашында көз жумду. Хиллари жана анын непалдык коштоочусу Тензиң Норгай 1953-жылы дүйнөдөгү эң бийик чокуну багындырышкан. Андан бери 3 миңдей киши Хилларинин эрдигин кайталашты.

Хиллари өмүрүнүн аягына чейин Непалда чет элдик альпинисттердин жүгүн ташыган жергиликтүү жардамчылардын турмушун оңоп, мектептерди ачып, жергиликтүү калкка жардам көрсөтүү жаатында талыкпай иш жүргүзүп келген. Ал эми Гималай тоолорунун түндүк багытында жайгашкан асман тиреген аска тоолуу Ала-тоо жергесинде альпинизм кандай өнүгүп жатат? Ушул жаатта Кыргызстандагы чет элдик альпинисттер биримдигинин жетекчиси Владимир Комиссаров Жаңыл Жусубжандын суроолоруна жооп берди.

Владимир Комиссаров ардагер алпинист, аталган биримдикти жетектөө менен катар чет элдик альпинисттерди тоолорго баштап барган тажрыйбалуу гид дагы. Анын сөзү боюнча, Кыргызстанда альпинизм туруктуу өнүгүп келатат жана өлкө дүйнөлүк туризм тармагында өзүнө тийиштүү татыктуу орунду ээлеп калды. Комиссаров Кыргызстандын туризм боюнча мамлекеттик агенттигинин тоо чокуларынын бирин Аяз атанын аты менен атаган демилгесин туура багыттагы кадам деп эсептейт:

- Мен бул демилгени абдан колдойм. Туризмде ушундай түшүнүк бар, эгер окуя жок болсо, аны ойлоп табыш керек.

Комиссаровдун айтымында, Аяз атанын жашаган жерине Нарын областынын тоолору ылайыктуураак болмок. Бул демилгенин аркасы менен Кыргызстанга альпинистер агып келе баштады дейли. Аларды кабыл алууга өлкө даярбы? Маектешибиз альпинизмге айрыкча татаал инфраструктуранын кереги жоктугун, ошентсе да туристтердин көбөйүшү көп убакытты талап кылган иш экендигин мындайча белгиледи:

- Чоң агым дароо эле пайда болбойт. Кыргызстанды таануу аз аздап, акырындык менен жүрмөкчү.

Туристтердин саны көбөйгөн сайын, алардын артынан таштанды да көбөйбөйбү? Комиссаров мындай тынчсызданууга негиз жок деп эсептейт:

- Бизге туристтер негизинен өнүккөн Европа өлкөлөрүнөн келишет. Бизден айырмаланып, алар табигатка көздүн карегиндей мамиле жасашат. Алар баарын таптаза жыйнап кетишкендиктен, артынан эч нерсе табыш мүмкүн эмес.

Көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында Кыргызстан тоого чыккан альпинисттерден акча алчу, бирок кийин бул практикадан баш тартты.

- Мисалы Кытайды же Непалды алсак, Эверестке чыккан бир топ үчүн 50 миңдей доллар алышат. Жапысыраак чокуларга чыккандар 10-20 миңден төлөшөт. Бирок бул өлкөлөргө рекламанын кереги жок, Эверестти баары билет, ал чокуга чыкканга кезекке турушат. Ал эми Кыргызстанга эч кандай кезек жок. Тескерисинче биз "келгиле, мейманкана, унаа, башка кызматтар үчүн акчаңарды сарптасаңар эле болду" деп жатабыз.

Альпинисттер кадыресе туристтерден эмнеси менен айырмаланат? Алар мисалы жергиликтүү маданиятка кызыгабы же тоолорду кыдырып, таза абадан дем алып кеткенине эле куштарбы? Комиссаров альпинисттер маданиятка көңүл кош карайт деген пикирге кошулбайт:

– Мисалы биз Швейцариядагы эл аралык альпинизм мектебине кызмат көрсөтөбүз. Алар Кыргызстанга 15 жылдан бери жылыга экспедиция менен келишет. Алар ар дайым чабандар менен таанышып, сүрөткө түшүп, сөзсүз сүрөттөрүн салып жиберишет.

Альпинисттер ошондой эле жергиликтүү кол өндүрүүчүлөрдөн товар алышат, музейлерге барышат. Алар үчүн сөзсүз атайын концерттер уюштурулат. Кыргыздар да бөлөк элдердин үрп-адаттары, каада-салттарын үйрөнүшөт. Айтор, Кыргызстандагы Чет элдик алпинисттер биримдигинин жетекчиси Владимир Комиссаровдун айтымында, альпинизм туризмдин эки жакка тең пайдалуу түрү болуп саналат.

Жаңыл Жусубжан, Прага

КУУГУНТУК БОЛО БЕРЕТ, ЖАШТАР УКУКТАРЫН КОРГОП ЧЫГА БЕРЕТ

Мирсулжан Намазалиев – “Эркин муун” либералдык жаштар альянсынын теңтөрагасы.

- Сиздер 17-январда “Мен ишенбейм” деп аталган кеңейтилген жыйын өткөрүүнү болжоп атасыздар. Анын негизги мазмунуна токтоло кетсеңиз?

- Биздин кеңейтилген жыйындын негизги максаты бул жаштардын башын бириктирип, алар менен чогуу өзүбүздүн позициябызды, көз карашыбызды, келип калган жылдагы өзүбүздүн стратегиябызды талкуулоо үчүн өткөрүп жатабыз. Бул талкуулоонун жыйынтыгында биз билишибиз керек. Биз бул жылы эмне менен алектенебиз, кандай жумуштарды аткарабыз жана өзүбүздүн пландарыбызды кандайча ишке ашыра алабыз деген негизги өзүбүздүн конкреттүү пландарыбызды ишке ашыруу боюнча талкуулоо болот.

- “Мен ишенбейм” акциясын өткөргөндөн бери жаш саясатчылар бийлик тарабынан жана укук коргоо органдары тарабынан куугунтукка алына баштаганы коомчулукка маалым. Ушундай кысымдарга карабай акцияңарды уланта бересиздерби?

- Албетте, куугунтуктоолор болгон, боло берет биздин өлкөдө. Бирок мындан коркпойбуз, бул жөнүндө биз көп жолу айттык. Бизди токтото турган бул куугунтуктоо эмес, биз өзүбүздүн максатыбызга жеткенде гана токтойбуз.

- Ушундай ишенимдүү кадамдарга барууңарга караганда силердин артыңарда кандайдыр бир колдоочу күчтөр барбы?

- Албетте, эгерде бизди жаш адамдар, же өзүбүздүн калайык калк колдобосо биз чыкпайт элек. Себеби элдин позициясы биздики менен бирдей болуп тургандыгы, алардын да шайлоонун өткөндүгүнө ишенбегендиктерин билип, анан өзүбүздүн ой-пикирибизди айтып чыксак, аларда да бизди колдойт деген максатта биз чыгып жатабыз. Ал эми кандайдыр бир саясатчылар бизди колдойт, жардам берет деп айтуудан мен алысмын. Себеби биз бирөөдөн жардам күткөн жокпуз, аны пландаштырган да жокпуз.

- Жалпысынан жаштардын саясатка мамилеси, көз карашы кандай деп баалап кетесиз. Чындыгында эле жаш муундун өкүлдөрү сиздердин демилгеңерди колдоп жатабы?

- Жаштардын саясатка көз карашы менин оюмча ар кандай, бирдей эмес. Маселен, ошол эле пассивдүү жаштар саясатка үстүртөн эле карап келет. Ал эми биз активдүү жаштар саясатка карайбыз, кызыгабыз. Бирок ошол эле учурда бул саясаттын абдан сапаты жок өтүп жатканына абдан кейиштүү көз караш менен карайбыз. Себеби акыркы болуп өткөн бийлик тарабынан, оппозиция өкүлдөрү тарпбынан жасалган иштер кандайдыр бир деңгээлде сапатсыздыкты көргөзүп турат.

- Маегиңизге ырахмат.

ТЕМИР САРИЕВ: КООМДУК ПАРЛАМЕНТКЕ ТАЗА, ЭЛ ИШЕНГЕН АДАМДАР КЕЛЕТ

“Акыйкат үчүн” кыймылы 14-январда өткөргөн саясий форумда 16-декабрда шайланып келген парламентти легитимсиз деп таануу, коомдук парламент түзүү жана элдик курултай чакыруу боюнча чечимдер кабыл алынды. Аталган кыймылдын лидерлеринин бири экс-депутат Темир Сариев ушул форумда кабыл алынган чечимдер жөнүндө ой-пикир бөлүштү.

- “Акыйкат үчүн” кыймылынын форуму түзө турган коомдук парламент Конституцияга жатпайт деп Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров билдирбедиби, буга сиз кандай дейсиз?

- Ооба, Конституцияда жазылган атайын бийлик органдары бар. Бирок Конституцияда дагы бир жобо бар, бийликтин эң түбү бул кыргыз эли болот. 16-декабрда шайлоо болду, ошол шайлоодо элдин көпчүлүгү “Ата мекен” партиясы үчүн, дагы башка партиялар үчүн добуш берген. Шайлоонун жыйынтыгында Акүйдүн жетинчи кабатында отуруп алышып, өздөрүнчө парламенттеги орундарды бөлүштүрүп алышкан. Ушундай мыйзамсыз жүрүштөрдү көрүп отуруп, эл чоң кыжырданууга келген. Коомдук парламентти көптөрү жакшы түшүнбөйт, өзгөчө бийликте отургандар. Бул элдин ишенимин арттыра турган коомдук парламент деп биз айттык. Анткени, бүгүнкү парламенттин легитимдүүлүгү абдан чоң суроолорду туудурат.

Ошон үчүн кечээ күнү “Акыйкат үчүн” кыймылына кирген 15 партия, 26 бейөкмөт уюму, дагы бир топ коомдук ишмерлер катышкан жыйында парламент мыйзамсыз шайланды деп таптык. Ошонун негизинде коомдук парламентти түзүү боюнча чечим кабыл алынды.

- Эми ушул коомдук парламентке таза эмес адамдар да кириши мүмкүн деген кооптонуусун “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова билдирди. Сиздин буга кандай пикириңиз бар?

- Динара Ошурахунова ошол жерден кандайдыр бир күмөн саноолор болуп калышы мүмкүн деп суроо көтөрдү. Мен ошол жерде алып баруучу катары жооп бердим. Анткени, Динара өзү катышат, биз коомдук кеңештин мүчөлүктөрүн ар бир партия, ар бир коомдук бей өкмөт уюмдары жана коомдук ишмерлер менен сүйлөшүп туруп түзөбүз. Бул ачык-айкын, таза, элдин ишенимин арттырган адамдар келет деп айта алабыз.

- Форумда “Улуу биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаев парламенттик шайлоо алдында бардык партиянын өкүлдөрү, анын ичинде “Ата мекен” партиясы да Акүй менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн айтып, соодалашууда бийлик утуп кеткенин белгилебедиби. Чынында эле “Ата мекен” партиясы бийлик менен ушундай соодалашууну жүргүздү беле?

- Жок, биз 18-декабрда шайлоодон кийинки эле күнү өзүбүздүн билдирүүбүздү жасаганбыз. Шайлоонун аябай чоң мыйзам бузуулар менен өткөнүн, биз бул парламентти тааныбайбыз деп ошондо эле айтканбыз. Эгерде соодалаша турган болсок, анда элде жүрүп аткан сөздөр, 15-20 орун “Ата мекенге” берет экен деген болмок. Биз эч кандай соодага барган эмеспиз. Эмил Каптагаев башка партияларды айтты, анын ичинде “Туран” партиясын айтты. Негизги талап мындай, парламент кандайдыр бир чиновниктердин эрки менен эмес, шайлоо элдин добушунун негизинде куралышы керек. Бүгүнкү парламенттин көп мүчөлөрү өздөрүнүн мыйзамсыз келгендерин түшүнүп эле турат.

- Маегиңизге ырахмат.

УУЛУУ МЕТАЛЛДЫ ИРАНГА ЭМНЕ МАКСАТ МЕНЕН ЖӨНӨТҮШКӨН?

Кыргызстандын жүк ташуучу поездинен табылган уулуу заттын чыры басыла элек. Кечээ Кыргызстандагы Иран элчилиги бул маалымат атайын саясий боек сүртүлүп таратылып жатат деген билдирүү таратты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул иш боюнча иликтөө жүрүп жаткандыгын билдирүүдө. Буга чейин цезий-137 уу заты момтемир катары Кыргызстандан Иранга жиберилгендиги, жүк кыргыз мамлекеттик “Темир” ишканасына тиешелүү экендиги айтылган.

Кыргызстандан Иранды карай бет алган жүк ташуучу поездде уулуу заттын табылышы эл аралык коомчулуктун да тынчын алууда. Тажикстандын Согдий облустук темир жол башкармалыгы бул ишке тиешеси жоктугун маалым кылды. Ошол эле күнү Бишкектеги Иран элчилиги 31-декабрда жүк ташуучу поездден табылган уу зат Иранга багытталган деген маалыматты жокко чыгарган билдирүү таратты. Аталган элчиликтин коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн өкүлү Давид Мирзоев “Азаттыкка” буларды айтты:

-Иран ислам республикасы бул маалыматты негизсиз деп эсептейт жана бул жалгандын артында саясий маани жатат.

Ошондой эле билдирүүдө элчилик бул атайын кызыкдар адамдар тарабынан МАГАТЭнин башчысы Аль-Барадейдин Иранга расмий сапарынын алдында жасалган иш, бул - Иран өлкөсү менен МАГАТЭнин ийгиликтүү сүйлөшүүлөрүн жокко чыгаруу максатында болду деп белгилеген.

Адам өмүрүнө өзгөчө коркунучтуу уулуу жүк жүктөлгөн состав документтер боюнча Тажикстанга тиешелүү болуп чыккан. “Тажик темир жолдору” ишканасынын Согдий облусундагы кызматкери Юнусов “Тажик темир жолдору” ишканасынын бул ишке тиешеси жоктугун “Азаттыкка” кабарлаган:

-Тажикстандын темир жолдорунда мындай заттардын ташылганы эч качан катталган эмес. Балким өлкө ичинде эки-үч жыл мурун кандайдыр бир калпыстыктарга жол берилген болсо да, чегара аркылуу мындай катачылык болуусу мүмкүн эмес, -дейт “Тажик темиржолдору” ишканасынын кызматкери.

Мындай уу зат жүктөлгөн поезддин кыргыз-казак чегарасынан кантип өтүп кеткени азырынча табышмак бойдон калууда. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалымат кызматы бул иш боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөндүгүн белгилеп, ал жөнүндө башка маалымат айтуудан баш тартты.

Чукул кырдаалдар министрлиги уу зат камтылган момтемир мамлекеттик “Темир” ишканасына таандык экендигин маалымдаган. Аталган ишкана болсо бул ишке карата пикирин билдирүүдөн баш тартууда. Ал эми улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул ишке байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Аталган органдын басма сөз кызматкери Рысбек Быкын уулу азырынча эчкандай маалымат айта албайт.

Айрым талдоочулар цезий-137 уу затына байланышкан окуя кыргыз темир жолунун, чегаранын ишмердүүлүгүнө көлөкө түшүргөн биринчи учур эмес экендигин белгилешет. Алар бир нече жыл мурда Кыргызстан аркылуу Ирандан Ооганстанга өткөрүлгөн курал-жаракты, ал боюнча иштин ушул күнгө чейин аягына чыкпай келе жаткандыгын баса белгилешет. Кыргызстандын мурдагы Коопсуздук катчысы Мирослав Ниязов “Азаттыкка” берген маегинде айтканы боюнча өлкөдө коопсуздук системасы жетишпейт:

-Мунун бир кемчилиги – бизде коопсуздук системасы жок болуп жаткандыгы. Коопсуздук системасын уюштуруубуз керек. Бирок бул жалгыз эле мамлекеттин колунан келе турган иш эмес. Өлкөнүн коопсуздугуна анын жарандары да кызыкдар болууга тийиш. Бизде мына ушул да жетишпейт.

АЛЫП- САТМАЙ АГОНИЯСЫ УЛАНАБЫ?

“Агым” гезити аркылуу экономика илим доктору Айылчы Сарыбаев гезит кабарчысынын суроолоруна жооп берип, Кыргызстанда рынок мамилеси өнүкпөй, ишкердиктин эркин жана таза атандаштыгын мамлекет алиге түзө албай, алтургай дүйнөлүк экономика өнүгүшүнүн жолун бурмалап, биз өңдүү кулаган СССРдин урандысынан пайда болгон өлкөлөрдүн жетекчилери, айрыкча анын Чыгышындагылар мамлекет байлыгын башкаларга эле талатып тим болбостон, өзүлөрү да талап келатканын, айрым маалыматтарга караганда өлкөнүн ит-таламайга түшүп менчиктештирилген 300 ири завод-фабрикасынын бири да бүгүн иштебей тургандыгын, республиканын жеңил өнөржай флагмандары ушу тапта Кытайдын сапатсыз товарларын сатып соода кылган жайма базарга айланганын баяндап, экономист А.Сарыбаев мындай бир мисал тартып, кечээ эле жаңы бийлик коррупциялашкан жол менен белгисиз бирөөлөрдүн колуна өтүп кеткен ири ишканаларды бирден санап кокуйлап атып, жылына 1,2 миллион тонна цемент өндүргөн Кант цемент-шифер комбинатын 5 миллион долларга, Борбор Азиядагы уникалдуу Майлысуу электр лампа заводун 3,2 миллион долларга сатып жиберди. Коррупцияны жоймок тургай погуна куурай саялбаган бийлик эми Электр тармагын менчиктештирип, анын мындан аркы үзүрүн коррупциялашкан бир ууч топ менен көргөнү калды, деп айтты.

Ушул эле гезит ЖК сессиясында каржы министри Т.Калимбетова айым эбак банкрот болгон “Кыргызстан аба жолдоруна” 468 миллион сом которулду деп бир жаңылып, анан депутаттар жарга такаганда “Кыргызстан авиакомпаниясына самолет сатып алганбыз” деп эки жаңылып, аталган компания жетекчилиги эч кандай самолет сатып алган эмеспиз дегенде эмне дээрин билбей, 468 млн. сом абада асылып калганын, кезинде М.Акаеванын этегине эрмешип кызматтан кызматка көтөрүлүп келип, кийин А.Акаевдин агасы Болот Акаев тарабынан кызматтан куулган, “кошолек” деген атка конгон Эрик Арсалиев бүгүн “Ак жол” партиясы аркылуу депутат болуп, алтургай эларалык байланыштар бөлүмүнүн төрагасы болуп калганын, ошол эле убакта анын бакыйган кылмыш иши Башпрокуратурада жатканын, соңку учурда дымы чыкпай калган А.Атамбаев президенттикке тымызын даярдана баштаганын, кечээ “Акыйкат үчүн” кыймылы форум өткөрүп, 15 партия, 27 бейөкмөт уюм катышып, кыймылга А.Жекшенкулов, Т.Сариев, А.Эркебаев координатор болуп шайланганын маалымдады.

“Кыргыз туусу“ гезити айылдык Х. Курбанов аттуу автордун билим берүүнүн сапатына ой таштаган макаласына орун берген. Автор ал макаласында акыркы кездери билим берүү тармагында толгон-токой маселелердин башы ачылбай, аттестаты беш, ал эми башынын ичи бош жаштар көбөйүп баратканын, мугалимдердин көбү акчаны жакшы төлөгөн Орусияга ооп кетип, Түштүктүн айылдарында мугалимдер жатпей жатканын сөз кылган.

“Белый пароход” гезити өкмөт башчысы И.Чудинов менен баарлашкан. Ал негизинен жер титирөөдөн жапа чеккендерге көрсөтүлүп жаткан иш-чараларга токтолуп, аларга 50 миң сомдон кайтарымсыз жардам берилерин, кыйраган үйлөрдүн абалы февралга чейин такталып бүтүп, февралдын алгачкы аптасында акчалар таратыла баштарын, мындан ары өкмөт ашар жолу менен курулчу курулуштан качып, мамлекет тарабынан 300-400 орундук типтүү мектептер салынарын кеп кылган. Ушул эле гезит президент Бакиев бюджеттеги социалдык ставкаларды азайтып, мурдагы пенсия жашына кайтып келүү сунушун кийиргенин, алтургай ал АКШга барган бир сапарында эки буту жок 75 жаштагы бир кемпирди көрүп, Америкадагы кары-картаңдардын жашоосунун узактыгына суктанганын белгилеп, капырай ушундай да шылдың болобу, ким менен, кайсыл өлкө менен салыштырганды тапкан экен, деги Американын жашоосу менен Кыргызстандын жашоосун салыштырып болобу, айтор президенттин каалоосу менен пенсияга чыгуу мөонөтү кайрадан узарганы калды, эми мындан пенсионерлер эле эмес башкалар да оңойзап тартпайт деп жазды.

Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып республиканын Түндүгү- бир кубометр жаратылыш газы үчүн 7 сом 21 тыйындан, Түштүгү 8 сом 90 тыйындан төлөй баштайт, көгүлтүр от ошентип 30 пайызга кымбаттады деп маалымдаган “МСН” гезити ушу күндөрү “Кыргызгаз” АКнын фирмалык дүкөнүндө газсчетчиктери сатылып жатканын, мындан аркы күн тартибинде Бишкек ТЭЦине инвестор тартып, ТЭЦ-2 ни ишке киргизүү, Ташкент-Бишкек-Алматы газтүтүк магистралынын экинчи бутагын куруу башталарын кабарлаган.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

М.МУКАШЕВ: «БАСЫП АЛУУЧУЛУК» ПРОГРАММАСЫ ИШТӨӨДӨ

Улуттук банк 11-январда “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын ишин убактылуу токтотуу тууралуу токтом чыгарып, анын жетекчилигине банктарды кайра түзүү жана карыздарды жоюу агенттигинин директору Эрнис Станбековду дайындады. Мындай чечимди мыйзамсыз деп эсептеген “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы сотко доо-арыз менен кайрылган. Кыргызстандын Социалдык фонду “Кыргызөнөржайкурулуш” банкын сотко берип, аны төлөөгө кудуретсиз катары таанууну талап кылууда.

Парламенттин мурдагы депутаты, “Кыргызөнөржайкурулуш” банк жетекчисинин кеңешчиси Муратбек Мукашев ушу тапта таасирдүүлөрдүн аракети менен “басып алуучулук” программасы иштеп жатканын, өмгөккө салып тартылып алынгандардын тизмеси арбып баратканын мисалга тартты.

- Басып алуу деген программа бар. Бул абыдан оор жумуш. Анын ичинде тажрыйбалуу кекселер, кантип иштөөнүн ыгын алгандар жүрүшөт. А.Акаевдин тушунда мен бир бутуман ажырагам. Эми болсо бирөө телефон чалып, экинчи бутумду кайрып саларын айтып опулдады. Мен аяксыз деле жашай бере турганымды, ишимди токтотпой турганымды айттым.

М.Мукашев өзү негиздеген коммерциялык банкында эч качан элдин акчасына сук колун салбагандыгын, 1991-жылдан бери мамлекет бюджетине 764 миллион сом салык төлөшкөндүгүн, 26 миллиард сомдук кредит берилгенин маалымдады. Ал эми Социалдык фонд менен банк ортосундагы талаштын чоо-жайын ал момундайча чечмеледи.

- Эки кат жазылган. Жана мен айтпадымбы биринчи кат 30-ноябрда жазылган. “Төлөм каражаты” деп коет, ошону 500 миллион сомду которууга буйрук берилген. Биз айттык, келишим боюнча мындай ири акчаны алыш үчүн 5 күн мурун кабардар кылыш керек.

М.Мукашевдин ырасташынча, Социалдык фонд өзүнө тиешелүү акча каражаттарын бөлүп-бөлүп коммерциялык банктарда сактоого акылуу. Тек, андай сакталып турчу акчаларды жүгүртүүгө пайдалангандыгы үчүн “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы жылдык үстөгүнө 7,2% акча кошуп берсе, Социалдык фонд эмнеликтен жылдык пайызы алтыдан ашпаган “Инэксимбанкка” жарым миллионго жакын акчасын которткону түшүнүксүз.

М.Мукашев Социалдык фонд талап кылган акчалардын текши баары которулганын маалымдады.

- Декабрь айында биз 875 миллион акчаны пенсияга эмес, алардын буйругу менен коммерциялык банктарга бердик. Ошонун көлөмү бүгүн 1миллиард 923 миллион болуп турат. Анын көбү – 1 миллиарды “Инэксимбанкта”. 500 миллион сому “Азияуниверсалбанкта” турат.

Негизи Социалдык фонддун эсебинде сакталып турган оңор эмес акчаларды ушу тапта күчөп бараткан инфляциянын ооздугун тартыш үчүн баалуy кагаздарга айлантуу зарылдыгын башка бирөө эмес, мамлекет башчысынын өзү айтып олтурат. Социалдык фонддун Улуттук банкка жазган катына жооп кылып “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы эмнеликтен Улуттук банк жылдык үстөгүнө 9 пайыздан берүүгө макул, “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы 7,2% төлөшкө куштар акчаларды Социалдык фонд жылдык үстөгү 6% ашпаган “Инэксимбанкка” котортуп жатканын билгиси келген.

- Социалдык фонддун бизге берген доо арызы. 30-ноябрда алар бизге тапшырма берген экен. Анын көлөмү 200 миллион болчу. Биз аны аткарганбыз,- дейт М.Мукашев.

Ага карабастан, өткөн жылдын 20-декабрындагы Социалдык фонддун Улуттук банкка кайрылуусунун негизинде Улуттук банк 31-декабрдан тарта “Кыргызөнөржайкурулуш” банкына тикелей көзөмөл киргизген. Коммерциялык банктарды көзөмөлдөөнүн мына ушул талабына ылайык Улуттук банктын эки кызматкери жүргүзүлүп жаткан акча-тыйын жүгүртүүлөрүнө көзөмөл жүргүзүшкөн.

Улуттук банктын төрага орунбасары Кубанычбек Бөкөнтаев “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы Социалдык фондго талап кылган акчаны 5 күн ичинде которуп беришке милдеттүү болчу деп эсептейт.

- Булардын келишими боюнча ошол 5 күн ичинде аткарып бериши керек. Социалдык фонддун доосу боюнча банк тапшырманы толук эмес аткарган. Мыйзамдын бузулганы ошол болуп жатат. Толук эмес аткаргандан кийин анын салакасы ушундай болуп калды. Эгер мурда келишимде банк шартты карап, тобокелдикке барууну караш керек эле. Келишимге кол койгондон кийин аткарганга даяр болушуң керек. Эгер даяр болбосоң анда кол койбошуң зарыл. Анда 15 күн же 25 күн сурашың керек. Келишим түзүп алып төлөй албайм деш туура эмес го. “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын корреспонденттик эсебинде 400 миллион сом турат. Бул жеке кардарларды камсыз кылууга толук жетет. Декабрда деле банктын Соцфонддун тапшырмаларын аткарганга толук мүмкүнчүлүгү бар эле.

“Кыргызөнөржайкурулуш” банкы талап кылган акчаларды которуп бергенден кийин деле аны кудуретсиздикке чыгаруу аракети токтолгон эмес. Банктын ушу таптагы убактылу кожоюну банктарды кайра түзүү жана карыздарды жоюу агенттигинин жетекчиси Эрнис Станбеков ушу тапта жеке жактардын банкта сакталган акчаларын кайтарып берүү башталганын, бул ишке ал 100 миллион сом бөлүп берүү тууралуу буйрукка кол койгонун маалымдады.

- Акча бардык бөлүмдөргө, филиалдарга жеткирилди. Бүгүн жетпей калса эртең дагы толуктап беребиз. Ал эми укуктук жактар туралу айтсак, тилекке каршы, төлөп берүү мүмкүнчүлүгү жок. Мунун салакасы кандай болорун билип мен аларды түшүнүү менен кабыл алам. Жагдай ушундай болуп турат. Банкты убактылуу башкаруyчу катары банк активдеринин сакталышы үчүн болгон аракетти жасайбыз. Аны бөлүү, жок кылууга жол бербештин аракетин көрүүдөбүз.

Социалдык фонддун “Кыргызөнөржайкурулуш” банкын кудуретсиз деп таануу туралуу сотко кайрылган доо-арызы 23-январда каралмакчы. Ал эми “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын Улуттук банк төрагасынын орунбасары К.Бөкөнтаевдин коммерциялык банкка тикелей көзөмөл жүргүзүү боюнча буйругун жокко чыгаруу жөнүндөгү арызын Бишкeктин райондор аралык соту кароого киришти. “Кыргызөнөржайкурулуш” банкына акча салган 48 миң жеке жактарга төлөп берүүгө жетишерлик акча бардыгын, дегеле банк өзүнө алган каржылык милдеттерди аткаруга мүмүкнчүлүгү жетишерлик экенин М.Мукашев атайын белгиледи.

Анын ырасташынча, жер-жерлерде 60 ашуун филилалы бар ири банкты ээлеп калууга кайсы бир таасирдүү күчтөр куштар. М.Мукашев кийинки парламенттик шайлоо, референдум мыйзам бузулар менен коштолгонун, 2005-жылдын мартында Улуттук банктын Жалалабаддагы бөлүмүнөн уурдалган акчанын кайда кеткенине кызыкканын айтты. Кыязы, оппозициялык саясатчынын мына ушул суроолору кайсы бир таасирдүү күчтөргө жакпай калса керек.

АТКА МИНЕРЛЕР КЫЧЫРАГАН МАШИНЕДЕ ЖҮРҮШӨТ

Кыргызстанда мамлекеттик чиновниктер 40-50 миң доллардан кем турбаган кымбат машиналарды мингенди адат кылып алышкан. Чиновниктер мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынган мындай машиналарды минип жүрүшкөнүнө карапайым калк нааразы. Ал эми 55 депутат ар бири 22 миң долларлык “Тойота-Камри” автоунаасын минип жүрүшөт. Азырынча ашыкча чыгымдардын жолун бөгөй турган айла табыла элек.

Өлкөдө мамлекеттик чиновник болуунун бирден бир көрсөткүчү жана белгиси мамлекеттик номердеги кымбат баалуу машина минүү болуп калды.
Нарын облусунун мурдакы губернатору Кемел Ашыралиевдин пикиринде мамлекеттик кызматкерлер ортосунда биринен бири өтүп кымбатыраак машина минүү боюнча мелдеш болуп жаткандай.

-Мамлекеттик чиновниктер президенттикинен кем эмес кымбат машиналарды минип жүрсө элдин турмушу кайдан оңолсун. Албетте, мындай чыгымдарга калктын көзү да көнүп, мыйзам ченемдүү көрүнүш өңдүү кабыл алына баштады. Мамлекеттик чиновниктин 3-4 миңдин тегерегиндеги маянасы азыр эч кимди деле кызыктырбайт. Бирок мамлекеттик кызматкер болуу менен өзүңө абдан ыңгайлуу, жайлуу шарт түзгөнгө маш болуп алышты. Мисалы, мамлекеттин эсебинен чет элдик машинелерди минип, чет мамлекеттерди кыдырып, жумшак эмеректерге отурганга шартың болот.

Чынында эле мамлекеттик гаражга баш баксаңыз совет убагында өтө кадырлуу "Волгалар" өтө жупуну көрүнүп калды. Себеби өңдөрү кулпуруп, биринен бири өткөн, укмуштай жалтылдаган чет элдик машиналар тим эле көз жоосун алып тизилип турат. Эми бир аз машиналарга саякат жасап көрөлү.
Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев кычыраган "Тойота-Прадо" жибин минип жүрөт. Ал эми айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Арстанбек Ногоевге күмүш түстөгү жапон унаасы “Тойота-Камри” таандык. Өлкөнүн коргоо министри Исмаил Исаков менен маданият жана маалымат министри Султан Раев экөө тең бардык автоунаадан “Мерседести” артык көрүп, кызматтык унаа кылып жүрүшөт.

Улуттук телерадио корпорациясынын жетекчиси Мелис Эшимканов мурдакы директор Кыяс Молдокасымовдун учурунда алынган кымбат баалуу “Ауди” автоунаасын алмаштыра элек.

Соцфондду жетектеген Марат Султанов көз жоосун алган апаппак "Тойота-Прадо" жип машина минет. Өлкөнүн мурдакы башкы милиционери Болотбек Ногойбаев бир эмес, эки тулпарга ээ болчу. "Ниссан-Террана" ак "Жип" жана "Мерседес" экс-министр мырзага кызмат кылып келди.

Облустардын губернаторлору айрымдары бирден эмес экиден автоаргымак минип жүрүшөт. Мисалы Ысыккөл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаев тоо- ташка “жип” менен барса, түз жолдордо “Мерседес-600” үлгүсүндөгү автоунааны алкынтат. Ал эми Ош облусунун губернатору Аалы Карашев Кыдыкбек мырзадан кем болбой ак түстөгү “Тойота- Прадо” жип жана кара түстөгү “Мерседес-Бенц-500” үлгүсүндөгү эки автоунааны алмак- салмак минип жүрөт.

Ал эми жаңыдан Нарын, Талас жана Баткен облустарынын губернаторлук ээрине олтурушкан Өмүрбек Субаналиев, Бейшен Болотбеков жана Марат Жумабековдун кандай аргымак минээри же мурдакы жетекчилерден калганына тобо кылабы, азырынча табышмак. Мамлекеттик жогорку кызматтагылардын ар бирининкин ушинтип санап отурганга убакыт тар.
Ал эми президенттин уулдары Марат жана Максим Бакиевдердин кымбат баадагы түрдүү автонааларды кол жоолуктай улам алмаштырып минип жүрүшкөнүн карапайым калк жомок кылып айтып жүрүшөт. Улуу баласы Марат Бакиевди бир нече кавказдык жигиттер кайтарып, мамлекеттик номердеги “Мерседес” жана “Тойота-Ланкрузер” жиптери менен жүрүшөт.

Жогорку Кеңештин өткөн чакырылыштагы депутаттары ар бири 22 миң долларлык “Тойота-Камри” автоунаасына казынадан каражат бөлдүргөнү менен айрымдары гана бир айга чукул убакыт мингени болбосо, арманда калышты. Жогорку Кеңештин гараж башчысы Сейитбек Өмүрбеков маалымдагандай, учурда жаңы “Тойота-Камри” автоунаасынын 55 келип, анын 45и жаңы шайлаган депутаттарга берилди. Мындай жапжаңы кызматтык унааларга депутаттардын улуусу Бейшебек Акунов, төраганын үч орун басары, он эки комитеттин жетекчилери, үч фракциянын лидерлери жана 23 аял депутат ээ болушту. Ошондой эле депутаттардан Кыргыз эл артисти деп урматтап Керим Тураповго жана профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаровго, белгилүү хирург Эрнист Акрамовго да 22 миң долларлык “Тойота-Камри” унаасы берилди.

Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозиев кымбат машиналарды кубалап миниш мамлекеттик чиновниктер арасында ооруга айланып баратканын айтат. Анын айтымында айрыкча өкмөт мүчөлөр бир эмес, 2-3 кызматтык машина минип, үйбүлөлүк деп өзүнчө машина карамаганга өтүштү.

«Ошол машиналардын жүрүп турганына кеткен чыгым ошол чиновниктин кол алдындагы кызматкерлердин маянасынан да ашып түшүүдө. Бул өтө уят иш, мындайга жол бербеш керек»,- дейт депутат Бегалы Наргозиев.

Депутат белгилегендей кыргыз өкмөтү мамлекеттик казынадан атайын каражат деген беренени көзөмөлгө албаса болбойт. Бул беренедеги салык төлөөчүлөрдүн чөнтөгүнөн алынган 2 миллиардга жакын сом чиновниктердин шаан-шөкөтү, жумшак эмереги жана кымбат машиналары үчүн өзүнчө бөлүнгөн каражат бойдон калууда.

Кыргызстан эгемендикке чыккандан бери өзүн-өзү билип калган чиновниктердин алкын тыюу, тизгинин тартып коюуга мезгил жеткени такай айтылып келатат. Бирок өлкөдө аткаминерлерди ары-бери ташыганга 6,5 миң автоунаа кызмат кылат. Анчалык автоунааны кармоого, айдоочусуна акы төлөп, бузулганын оңдоп, май куюп турууга мамлекеттик казынадан 650 миллион сом жыл сайын сарпталат.

ЗИЛЗАЛАДАН ЖАБЫРКАГАНДАРГА ЖАРДАМ ТЕГИЗ ЖЕТПЕЙ ЖАТАТ

Зилзаладан жабыркаган оштуктарга көмөктөшүү максатында Каржы министрлигинин алдында атайын эсеп ачылып, ишкана-мекемелер бир күндүк маяналарын которушууда. Ал эми жабыркагандарга гуманитардык жардамдарын өздөрү тапшыргандардын саны да көбөйдү. Бирок, Кыргызстандын түштүк башкалаасынын тургундары жана жетекчилиги бул өңүттө эмитен эле калыстык болбой жатканын белгилешүүдө. Ал эми Ош облустук бийлиги андай пикирлерди төгүндөө аракетинде.

Ош облустук мамлекеттик администрациясынан алынган акыркы маалыматка караганда, ушул тапта кырсыктан жапа чеккендерге накталай 606 миң сом, ошондой эле 92,3 тонна көмүр, 360 чыпта ун таратылды. Чукул кырдаал министрлигинин түштүк башкармалыгынын жетекчиси Дамир Кушбаковдун айтымында, алар аркылуу шаарга жана райондорго таркатылып жаткан көмөктүн эсеби жок, ошол себептүү так маалымат айтыш кыйын.

Жер титирөөдөн улам үйүнөн айрылган Айым Өмүрбекова Ош шаары деле кырсыктан катуу жабыр тарткандыгын, бирок ага анча маани беришпей, жалаң облус тургундарына бир жактуу көңүл бурулуп жаткандыгын айтат:

- Ош облусуна кетип атат деп эле атат, бирок Ош шаарынын өзүнө эч кандай жардам жок, - ушинтип кыжаалаттана белгиледи.

Айтмакчы, түштүк башкалаасынын дагы бир тургуну, көп балалуу эне Алымкан Сатыбалдиева премьер-министр Чудиновдун сапарынан кийин деле
эч кандай өзгөрүү болбогондугуна, Өкмөт башчысы жана өзгөчө кырдаал министри убада кылган гумжардамдан алигиче дайын жоктугуна кабатырланды.

- Премьер министр келгенде МЧСтин министри Ташиев эртеңден баштап гумжардам келет силерге, жөнөтөм деген. Кечээ кечке күттүк, айтсак министр бөлбой атат биз дайым даяр турабыз деп шаардын МЧСинин айтышты, - деди Алымкан Сатыбалдиева.

Кыргызстандын түштүк борборунда бүгүнкү күндө 234 үй-бүлө башпаанексиз калды. Аларды коопсуз жайларга көчүрүү маселеси жабыркагандардын күнөөсүнөн улам кечеңдетилип чечилүүдө. Ал эми мамлекеттик жардамга токтолсок, көпчүлүгү Ош облусуна кетип жаткандыгы анык. Бул туурасында Ош шаарынын биринчи вице-мэри Арфидин Аланов «Азаттыкка» курган маегинде мындайча айтып берди:

- 2763 үйдөн арыз түшүптүр, алардын 234 авариялык деп эсептелиптир. Түшкөн жардамга бул жерде комиссия түзүлгөн. Жардамды Ош шаарынын өзү караса болмок, анткени бизге келип түшпөй калган моменттер да болуп атат деп атышат.

Баткенден түшкөн гуманитардык жардамды кабыл алып, бөлүштүрүп жаткан Ош облус губернатору Аалы Карашев Ош шаар тургундарынын жана жетекчилигинин дооматын четке какты.

- Жабыр тарткан үйлөр азыркы убака 874, жабыр тарткан 8 мектеп, 1 ФАП, 1 оорукана, 1 клуб. Азыр бир машине көмүр Ош шаарына, ошондой эле 160 кап ун да Ош шаарына берилет деп азыр маалымат келди. Ошондой эле 2 машине көмүр, 200 капка жакын ун Ош облусуна берилет, - деди Аалы Карашев.

15-ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Пишпек уезддик дыйкандар съездди 1918-жылдын 15-январында Совет бийлигин тааныган Токтом кабыл алган. КПСС Борбордук Комитетинин биринчи секретары Н. С. Хрущев 1957-жылдын 15-январында Кыргызстанга иш сапары менен келген.

Пишпек уезддик дыйкандар съездди 1918-жылдын 15-январында эки маанилүү Токтом кабыл алды. Алардын биринчиси, контрреволюциачыл «союздук Совет» таратылып, экинчи токтом менен Совет бийлиги таанылган.

Нарын уезддик IV партиялык конференциянын иши 1921-жылдын 11-январында соңуна чыкты.

Кыргыз областтынын V партиялык конференциясы 1929-жылдын 15-январында ишин баштады. Он күнгө созулган партиялык жыйында Ортоазия ВКП (б) Борбордук комитетинин отчету талкууланып, областтык ревизиялык комитеттин аткарган иши угулду. Мындан тышкаары, большевиктер аялдарга эркиндик берүү, жакырчылыкка каршы күрөшүү жана кооперативдик курулуш тегерегинде пикир алмашышты.
Кыргыз обком ВКП (б)нын IV пленуму 1932-жылдын 15-январында ачылып, анда Ортоазия ВКП (б) Борбордук комитетинде каралган «Кыргыз партиялык уюмдун иши» туурасындагы токтом талкууга алынды. Буга чейин Ортоазия ВКП (б) Борбордук комитетинде Кыргызстандагы көчмөн жана жарым көчмөн чарбаларды отурукташтыруу маселеси каралган.

Кыргызстандык большевиктер жогорку орган тарабынан көрсөтүлгөн кемчиликтерди жою жана колхоздоштуруу ишин ыкчамдатуу маселеси тегерегинде пикир алмашышты.

КПСС Борбордук Комитетинин биринчи секретары Н. С. Хрущев 1957-жылдын 15-январында Кыргызстанга иш сапары менен келди. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жогорку кызмат адамдын буту кыргыз жергесине аттагандыгынан улам, Н. С. Хрущевду тоскондордун саны коркунучтуу чекке жеткен.

Делебеси козголгон калк эски аэропортту коргогон укук коргоо кызматчыларынын катарын жарып өтүп, «дорогой Никита Сергеевичтин» колун кысканга аракет жасашкан.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына кезектеги толуктоо жана түзөтүү киргизүү үчүн 2003-жылдын 2-февралына белгиленген Рефендумга утурлай президент Аскар Акаев 15-январда Бишкек шаарынын коомчулугу менен жолугушту. Президент Конституциянын жаңы редакциясы эларалык нормаларга шайкеш келет жана ал кабыл алынса, Кыргызстанда президенттик-парламенттик бийлик системасы орнойт деп ишендирди.

Февраль айына белгиленген кезектеги конституциялык Референдумга байланыштуу «Арнамыс», «КДК», «Менин өлкөм», «Эркиндик», «Эркин Кыргызстан», «Эл», «Ата Мекен» сыяктуу партиялар менен бирге, айрым бейөкмөт бирикмелердин өкүлдөрү 2003-жылдын 15-январында айтегерек жыйын өткөрүштү. Айрым аясатчылар, атап айтканда башкы коммунист Абсамат Масалиев Баш мыйзамдын жаңы редакциясын «конституциялык төңкөрүш» катары баалады.

Бу күнү, 1200-жылы король Филипп II Август Париж университетин негиздеп, 1790-жылы айтылуу драматург Александр Грибоедов, 1850-жылы таанымал математик Софья Ковалевская, 1929-жылы америкалык негрлердин укугун талашкан, Нобель сыйлыгынын лауреаты Мартин Лютер Кинг, 1906-жылы атактуу жазуучу Мукай Элебаев, 1926-жылы акын Эргешбай Узакбаев,1931-жылы таланттуу жазуучу Төлөгөн Касымбеков, жарык дүйнөгө келген.

Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 15-январдагы жардыгына ылайык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдарында эмгектенген кызматчылардын айлык акылары жогорулатылып, аларга автоунаа, компьютердик техникалар бөлүнүп берилген.

Мындан тышкары, Жардыкта
жергиликтүү бийлик кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын ардактуу наамы киргилип, октябрь айынын акыркы дем алыш күнү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулугун Күнү катары белигилениши каралган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG