Касымалиева Аида, Бишкек. Бүгүн баш калаабызда “Мен ишенбейм...” деген аталыштагы кеңейтилген жыйын болуп өттү. Жыйында жаштар азыркы Жогорку Кеңешти мыйзамсыз деп таанып, анын бардык чечимдерин жокко чыгарууну, БШКнын башчыларына карата кылмыш ишин козгоону талап кылышты.
Парламент бүгүн президенттин сунушунун негизинде шашылыш түрдө Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновду кызматтан бошотуу чечимин кабыл алды.Президенттин мындай сунушуна бир катар соттордун анын үстүнөн арызданган каты себеп болгону айтылууда. Курманбек Осмонов өзү болсо муну саясий ишмердигине, сот реформасы боюнча ачык айткан пикири жакпай калганы менен байланыштырууда.
Эл аралык "Фридом хаус" уюму 2007-жылдагы иликтөөлөрүнүн негизинде Кыргызстанды жарым-жартылай эркиндикке ээ өлкөлөрдүн катарына кошту. Атүгүл айрым жагдайларда өлкө демократиялык багыттагы жеңиштерден артка чегингендигин белгиледи.
Кыргызстандан Иранга бараткан жүк ташуучу поездде Цезий-137 деген аталыштагы радиоактивдүү уулуу зат кармалып, Орто Азия аймагында гана эмес эл аралык деңгээлде да ар кандай сөздөрдүн жүрүшүнө алып келди. Анткени, бул зат атом энергетикасын алууда колдонулары белгилүү. Азыркы тапта кыргыз бийлиги бул радиоактивдүү заттын кармалышы боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартышууда. Адистер, мындай коркунучтуу зат террорчулардын колуна түшүп калса каргашалуу окуялардын болуп кетиши ыктымалдыгын эскертип жатышат.
Мурунку президент Аскар Акаевдин саясатындагы эң ири кемчиликтердин бири кадр саясатындагы алешемдиктер аталчу. Азыркы президент Курманбек Бакиевдин кадр саясаты ошол мезгилди эске салып жатканы кеңири айтылып келатат. Анын акыркы мисалдары катары, министрлик ишке киришүү алдында парламентте ант бергенден кийин жума узабай ички иштер министри Болотбек Ногойбаевдин кызматтан алынышы, Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун шашылыш кызматтан четтетилиши аталууда.
УТРКнын байкоочу кеңешинин таркап кеткенден калган беш мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктар болуп, аларга Жогорку Кеңешке же УТРКга кирүүсү үчүн документтер берилбей жатат. Бул тууралуу билдиришкен байкоочу кеңештин мүчөлөрү, муну бийликтин биринчи каналды реформалоону каалабай жатканы менен түшүндүрүп жатышат. Ал эми бийлик мүчөлөрү бардык иштер өз жолу менен баратканын, шашылууга себеп жоктугун, реформалар жүрүп жатканын айтышууда.
“Азаттыктын” таңкы уктурууларынын маектеши “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова болду.
Кыргыз парламентинин мурдагы мурдакы төрагасы, “Таза коом” партиясынын лидери Абдыганы Эркебаев оппозициялык күчтөр уюштурган саясий форумда чыгып сүйлөп, Кыргызстанда суперпрезиденттик республика түзүлдү деп жар салды. А. Эркебаев “Азаттыктын” таңкы уктурууларына катышып, өзүнүн билдирүүсүн чечмелеп айтып берди.
Парламент Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновду кызматтан бошотуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул маселе өтө шашылыш каралды. К.Осмоновдун өзү муну анын саясий ишмердигине байланыштырды. Ал эми депутат Роза Отунбаева К.Осмоновдун кызматтан бошотулушун "саясий куугунтук" катары баалады. Ырасмий түрдө К.Осмоновду кызматтан бошотууга бир катар соттордун анын үстүнөн арызданып президентке жазган каты себеп болду.
15-январда Бишкектин райондор ортолук экономикалык маселелер боюнча соту бир катар бейөкмөт уюмдардын өткөн жылдын 30-ноябрында шаардык кеңеш кабыл алган токтомду жокко чыгаруу боюнча доо-арызын канааттандырган жок. 10 күн илгери жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн кабарлабай нааразылык билдиргени үчүн укук коргоочу Максим Кулешовду милиция кызматкерлери кечээ Бишкек шаар башчылыгынын имаратынын жанынан кармап кетишти.
Өткөн жылы декабрда Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде эл аралык сүрөтчүлөр, айкелчилер жана кол өнөрчүлөрдүн “Кошой-коргон-2007” деген көргөзмөсү ачылып, жайында сүрөтчүлөр тобу тарткан эмгектери адистердин көңүлүн бурган. Ошол “Кошой-коргон” көргөзмөсүнө коюлган чыгармаларды иргеп Нарын искусство галареясы түстүү китеп чыгарды.
Дагы жүктөңүз