Линктер

шаршемби, 24-июль, 2019 Бишкек убактысы 07:18

Кыргызстан

“ЭЛ ҮНҮ”

Бул жолу “Эл үнү” уктуруусуна кайрылган угармандарыбыз өлкөдөгү акыркы саясий окуялар, соңку убактарда асмандап кеткен баалар, азык-түлүктүн кымбаттыгы, инфляциянын жогорулугу, бийлик органдарынын чектен чыга коррупциялашып кеткени, мамлекеттин карамагындагы ири ишканаларды сатуу аракеттери, сот системасындагы адилетсиздик жана бир катар милиция кызматкерлеринин туура эмес иштери тууралуу ой-пикирлерин айтышты.

АЗЫК-ТҮЛҮК БААЛАРЫ АРЗАНДАЧУДАЙ ТҮРҮ ЖОК

Замира Кожобаева, Алишер Токсонбаев, Күмөндөр Усупов Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы акырындык менен байкалбай кымбаттап отуруп, акыркы эки айда 40-50 пайызга чейин көтөрүлдү. Бул өзгөчө бюджеттик мекеме кызматкерлеринин, элет жашоочуларынын кендирин кесип жатат, дешет адистер. Расмий бийлик болсо баалар кызыл кулактардын айынан өсүп жаткандыгын билдиришүүдө.

Өткөн жылы Кыргызстанда инфляция деңгээли 20 пайыздан ашып, аны өкмөт менен Улуттук банк көбүнесе тышкы таасирлерге байланыштырган. Жай мезгилинде азык-түлүк бааларынын кескин кымбатташы эң ириде дүйнөлүк базарда ундун жана дандын кымбаттаганына байланыштырылган эле. Адистердин айтуусунда бышыкчылык болуп, дүйнөлүк базардагы баалар ылдыйлаганына карабай, Кыргызстанда баалар өзгөрүүсүз калды. Акыркы эки-үч айдын ичинде билинбей өсүп отуруп, азык-түлүк 40-50 пайызга чейин кымбаттады. Улуттук Банк жакында берген маалыматында быйыл инфляция 12 – 15 % тегерегинде болорун болжолдогон. Бирок банктын божомолуна кошулбаган экономисттер жаз алды отун-сууга баанын көтөрүлүшү инфляциянын кескин жогорулашына алып келиши мүмкүн, деген өз божомолдорун айтышууда.

ТҮШТҮКТӨ КЫМБАТЧЫЛЫК

Азык-түлүктүн бүгүнкү баалары кандай? Мына ушул суроого жооп алуу үчүн биздин жер-жерлердеги кабарчыларыбыз базардагы азык-түлүк сатуучуларга жана алуучуларга кайрылып, иликтөө жүргүзүшкөн. Түштүк борбору Ош шаарында акыркы эки айдын ичинде азык-түлүктүн баасы орто эсеп менен 45 пайызга жогорулаганы маалым болду. Оштогу кабарчыбыз Алишер Токсонбаевдин маалыматы боюнча, Ош облусуна караштуу жети райондун тең базарларында акыркы эки айда азык-түлүк баасы 20-50 пайызга көтөрүлдү. Бирок, баалар жай жогорулагандыктан, көпчүлүк аны байкабай калышы да ыктымал. Мисалы: жумуртканын даанасы 4 сомдон 5 сомго, сүттүн литри 12 сомдон 18 сомго, эттин килосу 120 сомдон 135 сомго, картошканын килосу 8 сомдон 13 сомго дейре чыкты. Каракулжалык Марат аттуу жеке ишкер ун негизинен Казакстандан ташыларын, жүктөө, жол кире, ж.б. кошкондо 20 пайыз кошулуп жаткандыгын билдирген. Ал эми алайлык Бакыт Сулайманов ун жана андан жасалган азыктар кичине арзандаганы менен салык маселеси жүрөктү өйүткөндүгүн ачыктады:

- Ун кыйла эле арзандады. Баягы кымбаттаганга салыштырмалуу 100-120 сомго арзандады, бир мүшөгү. Бирок салыктар көтөрүлгөн боюнча эле калып атат, андан көрө ошону азайтып берсе жакшы болмок.

Ошко жашылчалар Өзбекстандан апкелинет. Тажикан аттуу аравандык сатуучу бекетте турган бажы жана чегара кызматкерлери тоноп кыйнап жаткандыгын жашырган жок. Ош аймактык антимонополия комитетинин төрагасы Бакыт Исаев, базар бааларынын туруктуулугун көзөмөлдөөгө акылары жоктугун туйдуруп, инфляцияны кызыл кулактар атайылап жаратып жатат деген пикирин билдирген:

- Өкмөт, бардык эле мамлекеттик органдар биздин базарга кирип-чыгып жаткан товарларга чектөө кое албайт. Буга акысы жок. Бул жерде сырттагы баалардын өсүп жатканы да таасирин тийгизип жатат.

ТӨРТ ТҮЛҮК МАЛДЫН БААСЫ АРЗАН, ЭТ-СҮТҮ КЫМБАТ

Кыргызстандын алыскы аймактарынын бири катары эсептелген Нарында да азык-түлүк баалары өткөн жылга караганда өстү. Жергиликтүү соодагерлердин айтуусунда эт-сүттүн баасы 10 пайызга көтөрүлгөн. Нарындагы азык-түлүк бааларын кабарчыбыз Күмөндөр Усупов барып көрүп келген.

Мал киндиктүү Нарында төрт түлүктүн саны көбөйүп жатканы менен эт азыктары кымбаттоонун үстүндө. Борбордук “Береке” базарында эттин баасы былтыр 150 сом болсо, азыр 170 сом. Малдын баасы да былтыркыдан дээрлик эки эсе өсүп кеткен. Сүттүн баасы быйыл 1 литри 18 сомго чыкты. Быйылкы жылы картошка 7 сомдон 18 сомго чейин сатылууда. Ундун баасы күзгү баага караганда ылдыйлап, орточо баа 800-900 сом болуп жатат. Бирок карапайым эл баалар капчыкка тең келбей жаткандыгына нааразы.

КАЗАНДА БОЛБОСО, ЧӨМҮЧКӨ КАЙДАН..?

Баалардын өсүшүнө Кыргызстандын экономикасынын чабалдыгы да түздөн-түз таасири бар. Биринчиден өлкө өзүнүн ички азык-түлүк базарын тиешелүү деңгээлде камсыздай албайт, экинчиден ортодо бааны жасалма жол менен көтөрүп жаткан кызыл кулактардын көптүгү, алардын тескелбей, эркин аракет кылганы, дешет адистер. Адистердин айтуусунда баанын көтөрүлүшүн жөндөөнүн эки жолу: ички базарды керектүү азык-түлүктөр менен камсыз кылуу жана айлык-пенсияларды көбөйтпөө. Экономист Айылчы Сарыбаевдин айтуусунда өлкөдө реалдуу экономикалык өсүштүн жоктугу, элге эң керектүү азык-түлүк сырттан ташылганы баалардын өсүшүнө негизги себеп болот:

- Биздин өлкөнүн өз алдынча жүргүзгөн экономикалык саясатынын жоктугуна байланыштуу биз дүйнөлүк бааларга толук көз каранды болуп калганбыз. Баа комитети же монополияга каршы күрөшүү комитети өз ишин жүргүзө албай жатат, буга коррупциянын да күнөөсү бар. Келерки жылда да инфляция бир топ өсүшү ыктымал. Бизди он беш, он жети жылдан бери монетизация системасы же б.а. айлык акы, пенсияларды көбөйтпөө жолу менен жасалма жол менен инфляцияны токтотуп келгенбиз. Акыры бышып жетилген жара жарылды да. Баалар тескелбей калды, бул – рыноктун мыйзамы.

К.БАКИЕВ: «АТКАМИНЕРЛЕРДИН АРААНЫ КҮН ЭМЕС, СААТ САЙЫН АЧЫЛУУДА»

Ишкерликке шарт түзүү, экономикалык эркиндик, тикелей инвестиция тартуу жагынан Кыргызстан көп өлкөлөрдөн артта. Алдагыдай жагдайдын түзүлүшүнө бюрократиялык тоскоолдордун арбындыгы, коррупцияланган бийликтин бул ишке салкын-суз мамилеси шарт түзүүдө. Бул жаатта аткарылган иштерге караганда аткарылбаганы арбын.

Ишкерликке шарт түзүү жагынан Кыргызстан көп өлкөлөрдөн артта калганын, башка жерлерде өлкөнүн экономикалык зоболосу анча деле бийик эместигин президент Курманбек Бакиев атайын белгилеп, аны коррупцияга, аткаминерлердин ишкерлерден үмтөтүп олтурган сугалактыгына байланыштырды. Анын айтуусунда, өткөн жылы өлкөнүн ички дүң продукт көлөмүнүн өсүшүнө барандуу салым кошкон курулуш тармагында уруксат кагаздарын алууга абыдан көп убакыт кетет.

- Курулуштагы уруксат берүү системасын реформалоо зарылдыгын ойлогон киши жок. Тескерисинче курулушчулар “келеберилеп” турган алкы бузуктардын көбөйүп кеткенине арызданып жүрүшөт. Аткаминерлердин арааны күн эмес, саат сайын ачылууда,- деп айтты К.Бакиев инвестициялык кеңеш жыйынында.

Ишкерликке шарт түзүү, ыксыз текшерүүлөрдүн санын кескин кыскартыш амалында өткөн жылы жаңы мыйзам кабыл алынган. Анын негизинде 18 укуктук-жөндөөчү документ жокко чыгарылган. Бирок анткен менен бул жаатта дагыле толгон-токой проблемалар бардыгын, негизги тоскоол аткаминерлердин ачык-тымызын каршылыгы болуп жатканын президент К.Бакиев жашырган жок.

Европа өнүгүү жана кайра түзүү банкынын Кыргызстандагы өкүлү Кенжи Наказава инвестицияга ыңгайлуу шарт түзүү бизнесчилер менен өкмөттүн ортосундагы мамиле-катнашка көз каранды экендигине токтолду.

- Биринчиден, ишкерлер жамааты менен өкмөттүн ортосунда иштиктүү байланыштар болду. Чечим кабыл алууда эларалык каржы институттары, ишкерлер биримдиги, өкмөттүн өкүлдөрү, мыйзам чыгаруучулар иштиктүү карым-катыш түзө алышты.


Ушул эле ойду улап, Швейцария кызматташтык бюросунун Кыргызстандагы жетекчиси Ханспетер Мааг белгиленген иш чаралардын кандай аткарылып жатканын такай көзөмөлдөп туруу маанилүү экендигине басым жасады.

- Белгиленген иш-чаралардын кыйласы аткарылбаса да чоң жетишкендиктер болгонун айта кетиш лаазым. Бул жерде айтылган сөзгө кошулуп такай байкоо жүргүзүп туруу зарылдыгын айткым келет.


Ишкерлерди ыксыз текшерүүлөрдү кыскартуудан кем калбаган дагы бир милдет Кыргызстанга келчү туристтердин түйшүгүн жеңилдетчү электрондук виза системасын киргизүү аракети да жасалууда. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин маалымдашынча, ушу тапта ведомстуктар ортолук комиссия негизги концепцияны иштеп чыгып, эми аны жүзөгө ашыруу гана калганын маалымдады.

- Азия өнүгүү банкы биздин долбоорду карaп көрүүгө макулдугун берүүдө. Долбоорду биз февралдын аягында бүткөрүп, аны каржылоо, ишке ашыруу жагына киришебиз. Негизгиси бул кезегине жараша бүткөрүлчү жумуш. Азыр буга канча өлкө катышарын ачык айтыш кыйын. Ириде биздин өлкөнүн өзү даяр болуш керек,- дейт Э.Карабаев.

Анткен менен каадалуу жыйындарда дамамат айтылган демилге, сунуштардын көбү кагазда эле калууда. Аны Кыргызстан ишкерлер биримдигинин жетекчиси Чыныбай Турсунбеков да ырастады.

- Ишкерлер үчүн өтө маанилүү маселелер көтөрүлүп, ал боюнча чечимдер кабыл алынат. Анан аларды иштөөгө келгендеги кечеңдөөлөр, албетте, бизди ойлондурат.

Экономикалык эркиндикке шарт түзүү, инвестицияга жол ачуу жагынан Кыргызстан оголе көп өлкөлөрдөн артта калгандыгын, кендирди кескен коррупция менен аткаминерлердин арааны абыдан ачылып кеткендигин президент К.Бакиев атайын белгиледи. Аны Кыргызстандын дүйнөлүк соода сынагында 178 өлкөнүн ичинен 177-орунду ээлеп тургандыгы деле кашкайтып көрсөтүп туру.

МАХАБАТТЫН ЖАРЧЫСЫ

Кыргыз Республикасынын эл артисти, таанымал обончу-ырчы жана аткаруучу Аксуубай Атабаевдин чыгармачылыгы, тагдыры тууралуу кабарчыбыз Балбай Алагушов тааныштырат.

Ар бир кыргыз угуучусунун жан шеригине айланган мукамдуу ырларды жаратып, көңүл кушун көкөлөтө көтөрүп келе жаткан көрүнүктүү обончу-аткаруучунун бири – эл артисти Аксуубай Атабаев. Ал айтылуу комузчу, күүчү Ыбырай Туманов менен айымдардын арасынан алгачкы жолу чыккан обончу-ырчы Канымгүл Досмамбетованын жердеши. “Аккан арыктан суу агат” дегендей Аксуубай 6-класстан комуз чертип, баян, аккордеон тартып, элдин жана обончулардын ырларын ырдап, айылдаштарынын, курбулаштарынын арасында “кичинекей ырчы” аталат. Анын туубаса жаркын шыгы ордо калаадагы Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын босогосун аттап, музыкалык билим ала баштаган күндөн жалбыртай жанат. Ал шыгырда ырдоо, үнүн жатыктыруу аваздык музыкасынын теориясы менен таанышуу, ар кандай классикалык музыканын кооз үлгүлдөрүн угуу, руханий жан дүйнөсүн байытуу менен бирге обон чыгарууга кызыгат. Тынымсыз чыгармачылык излденүүнүн, талыкпас көшө эмгектенүүнүн аркасында алгачкы “Курбуларга” аттуу обонун чыгарат. Ал ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбогон жалын жүрөктүү жаштардын студенттик турмушуна арналат. Ырда тигил же бул студенттин окуу жайын бүткөндөн кийин турмуш башка, иш башка болуп, учкан куштай туш-тушка тараганы, аларды көрсөм деп көксөгөнү, курбуларын эстесе ичи туз куйгандай ачышканы, убакыт жок болсо да көрүшкөнчө шашканы баяндалат. Автордун бул эстөө, эңсөө ыры белгилүү ырчы Сабира Суранчиеванын аткаруусунда жаштардын арасында элдик ыр шекилдүү ооздон оозго көчө ырдалат.

КУРБУЛАРГА

Менин эрким жолдоштукка бек десем,
Начар экен айтпайт элем сезбесем,
Ичим жаман туз куйгандай ачышат
Бирге окуган курбуларды эстесем.

Убакыт көрүшкөнчө шашабыз,
Бири инженер, бирибиз ыр жазабыз,
Кээ бири бой, кээ бирибиз үй күттүк
Ар кимибиз ар жерде иштеп жүрөбүз.

Эстен кетпейт ар бир жаштын күлгөнү ай,
Эстен кетпейт Фрунзенин түндөрү ай,
Жалындаган жаш өмүрдүн чектери,
Кандай сонун студенттик күндөр ай.

“Обончусуна жараша ырчысы” дегендей Сабира Суранчиева Аксуубайдын “Курбуларгасын” эл аспаптар оркестринин коштоосунда ушунчалык эргүү, ушунчалык куштарлануу менен ырдын маңызынын ажарын ача аткарат. Бул болсо Атабаевдин жаркын шыгына шык кошту. Ал улан-кыздардын руханий жан дүйнөлөрүн асылданткандай, ооздорунан түшүрүшпөй ырдай тургандай обондорду биринен сала бирин чыгарат. Алардын ичинен автордун жаштыктын алтын курагы 18 жашка арналган “Он сегиз жаш” аттуу ыры улан-кыздардын жан шеригине айланат. Ырды болсо ошол кезде жаңы эле 18 жаш куракка кадам таштаган жаш ырчы Зейнеп Шакеева мындайча жалбыртай жана ырдап чыккан эле.

ОН СЕГИЗ ЖАШ

Сөзү К.Бакашовдуку, обончу А.Атабаевдики

Он сегиз жаш,
Тоодо тунук булак белең,
Болбосо андан учкан бубак белең,
Кайрылбай кайда кеттиң айтчы деги,
Адашып айылыңды мен сурап келем.

Он сегиз жаш,
Жайдын жарык таңы белең,
Бир жолу кайрылгыстай тамшандырган
Жылт эткен жаштыгымдын шамы белең.

Он сегиз жаш,
Күндө белең сенин серең,
Болбосо жүрөгүмдүн теңи белең
Кош эми өкүнсөм да унутпаймын,
Өткөргөн өмүрүмдү сени менен.

- Аксуубай мырза, сахнада алгачкы жолу ырдалып чыккандан азыркы күнгө чейин аткарып жүргөн “Чагылган” аттуу ырыңды кандай жагдайда чыгардың эле?

- Обончулукта биринчи кезекте сөз керек. Сөз жакшы болбосо болбойт. «Ырдын эки канаты болуш керек» дегендей жакшы сөз болбосо жакшы уча албайт. Ошондуктан обондун сөзү күчтүү болуш керек. «Чагылган» аттуу ырда махабат өтө күчтүү берилген. Чагылган чартылдап, жамгыр төгүп турса да бир күрмөнүн ичине экөөнүн баш катканы ырда ушунчалык терең сүрөтөлгөн. Бул «Ленинчил жаш» газетасына жарыяланыптыр. Аны окуп чыктым. Мага сөзү жакты. Обону болсо жолдошумдукуна баратсам эле оозума сала бердиби, акыркы сабына обон чыгып калды. Үйгө келип отуруп алып обондун үстүндө иштедим. Ошентип, 1-2 күндө обонду чыгардым. Себеби ошол кезде илхамым келип калганбы, же Кудай бердиби бат эле жазган ырлардан. Мен негизинен созулмалуу обондорду чыгарам.

ЧАГЫЛГАН

Обону Аксуубай Атабаевдики, сөзү Какен Алмазбековдуку.

Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай,
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралап.

Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан,
Аппагыңды көрүп алчы дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.

Жарк дегенде неге сени карадым,
Жүрөк булкуп карап турду жамалың,
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.

Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине,
Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге.

Аксуубайдын “Чагылган” аттуу ыры да З.Шакееванын аткаруусунда жумурай журтка тарап, угармандардын алкоолоруна алынып, элдик салттуу ыр чыгармачылыгынын алтын казнасын байытты.

Элдик ыр чыгармачылыгында өзүнчө жүзү, өзүнчө үнү бар Атабаев өткөн кылымдын 1962-жылынан бүгүнкү күнгө чейин ыр майданында атсалышып келет. Ал угуучулардын жан шеригине айланган обондорду чыгаруу менен Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында музыкант, Кыргыз филармониясында ырчы, Республикалык кесипчилик окуу жайларынын маданият борборунун директору болуп эмгектенет. Аксуубай иш менен обончулук, ырчылык өнөрүн айкалыштырып, жүздөн ашык ар кыл темадагы, ар кандай жүрүштөрдөгү, мүнөздөрдөгү, түркүн ыргактарга бай обондорду угармандарга тартуулады. Алар айтылуу ырчы Болот Миңжылкыев баштаган көрүнүктүү ырчылар Э.Мойдунов, З.Шакеева, Гүлмайрам Момушева, С.Суранчиева, Султан Каримов жана өзүнүн ж.б. шайырлардын аткаруусунда угуучулардын кенчине айланды.

- Аксуубай мырза кезинде “Кыргыздын Роза Баглановасы” аталган Республиканын эмгек сиңирген артискасы Гүлмайрам Момушева алгачкылардан сахнага ырдап чыккан “Жүрөк эңсейт” аттуу ырыңыздын сөзү кайсыл акындыкы, маани маңызы эмнеге арналган эле?

- Эл акыны Жалил Садыковдун жаңы чыккан жыйнагын сатып алдым. Окусам баарын эң жакшы жазылыптыр. Ошол жыйнактан “Жүрөк эңсейт” аттуу ырды таап алдым. Ал ыр сүйүү жөнүндө экен. Ыр чыныгы ички сезим менен жазылыптыр. Ырда сүйүүнүн түбөлүктүүлүгү, эч качан өлбөстүгү баяндалыптыр. Мага ырдын сөзү аябай жакты. Жакшылап изденсе, эмектенсе жакшы обон чыгат. Бул обонум да учурунда Гүлмайрам Момушеванын аткаруусунда элге кеңири тараган эле.

ЖҮРӨК ЭҢСЕЙТ
Сөзү Жалил Садыковдуку, обону Атабаевдики

Мезгил тынбай өткөн сайын күнүгө
Мен суктанам ар бир өткөн күнүмө
Анткендеги айланчыктап жаштыгым
Ал кездеги сенин сунган гүлүңө.

Гүл кучактап, гүл балтырга чалынып,
Турар элек көзгө көздөр чагылып,
Жылдар кетсе, айлар кетсе жанырып,
Жүрөк эңсейт ошол күндү сагынып.

Ошол гүлдөр соолуса да түгөнүп,
Жүрөгүмдө кайра жаңы гүл өнүп,
Ал күндөргө башка күндү теңебейм,
Кыялымда жашай берет түбөлүк.

- Эмне үчүн бүгүнкү күндө музыка дүйнөбүз каралбай калды. Эмне үчүн опера, балеттер жазылбайт. Бардыгы келип эле каражатка такалат. Аны жакшы билебиз. Азыркы күндө баардык жанр аралашып каша болуп калды. Илгери көркөм кеңеш муну ырдыйсын, тигини оңдосун деген тартип бар эле. Азыр түнү менен ырында обонун чыгарып, эртеси сапатына карабай эле концерттерде ырдап жатышат. Көзөмөл деген такыр жок болду. Мен жакшыны да, жаманды да көрдүм. Ак эмне, кара эмне экенин түшүнүп калдым. Обонду күлдөтүп эле чыгарып жатам. Элге жеткирейин деп аракет жасап атам.

- Жаңы ырларыңдын аттарын атай кетсең?

- Өткөн сынакта “Шуулдаба теректер” аттуу ырыма биринчи сыйлык алдым. Жакында жашым келип калса “Үч арманды” жаздым. Акын Эсенгул Ибраевдин “Арман арманай” аттуу ырына обон чыгардым.

- Аксуубай мырза, чыгармачылыгың ашып-ташып турган учурунда “Тоолор” деген ырыңды чыгардың эле. Ушул ырыңдын жазылышы, жаралышы жөнүндө ой бөлүшө кетсең?

- Акын Абзий Кадыров деген байкебиз “Тоолор” деген ырыма обон чыгар деп мага арнап жазган эле. Ырды окусам биздин жайлообуз Түргөн, Жыргалаң капчыгайларыКөкөтөйдүн ашын берген айтылуу Каркыра, Жетиөгүз жайлоолору көз алдыма тартылды. Ошонун баарын чапкан атка жеткирбей, бара жатты, бара жатты – деп атты алкынта минип кетип бараткандай сөздүн өзү обон сурап турду. Ошол жаратылыш менен жуурулушуп суктануу менен обон чыккан эле.

ТООЛОР

Ар тараптан куюлуп күүлөр акты,
Ашыгамын теминип чабдар атты,
Сенин сүйкүм элесиң бажырайып, бажырайып,
Чапкан атка жеткирбей, жеткирбей бара жатты.

Тоолор, тоолор, тоолор
Чапкан атка жеткирбей, жеткирбей бара жатты.

Сенин күлкүн жаңырса кулагыма, кулагыма,
Окшоп кетет ал тоонун булагына,
Жүз көрүшпөй жаш жүрөк жай алабы, жай алабы,
Жайлоодогу жан сүйгөн, жан сүйгөн ынагыма.

Тоолор, тоолор, тоо койнунда ойноп өскөм чыкпайт эстен.

Билим улап алыстан сенден кеткем,
Азыр өзүң сүйүүмө күбө болчу, күбө болчу.
Ашыгымды жыттайын, жыттайын сылап беттен.
Тоолор, тоолор, тоолор
Ашыгымды жыттайын, жыттайын сылап беттен.

- Аксуубай мырза, ак дилиңден баардашканыңа чоң ырахмат.

ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОР: Табият кырсыктарына өкмөт даяр эмеспи?

"Ыңгайсыз суроолор" сыналгы берүүсү бул жолу "Табият кырсыктарына өкмөт даяр эмеспи?" деген суроого арналды.

ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН ПАРЛАМЕНТ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ БШК ТҮЗӨРҮ КҮМӨНБҮ?

“Ата Мекен” партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын түзүүгө байланыштуу 25-январда билдирүү таратты. Анда партия БШК ачыктык жана теңдик принцибинин негизинде ар кыл багыт жана көз караштагы саясий партия, жарандык коом өкүлдөрүнөн түзүлүшү зарыл деп жарыя кылды. Оппозициячыл партиянын мындай талап коюшуна кандай себептер бар?

“Ата Мекен” партиясы билдирүүсүндө төрагасын кошкондо 13 адамдан турган Борбордук шайлоо комиссиясынын үчтөн бирин оппозиядагы партиялар менен жарандык коомдун көз карандысыз өкүлдөрү түзүшү керек деген талап койду. Партия төрагасы Өмүрбек Текебаев анын себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Бүгүнкү Борбордук шайлоо комиссиясы бийликтин айтканын кылып, мыйзамдарды бузуу жолу менен шайлоолорду өткөрүп, демократиялык институттарга, ошонун ичинде мамлекеттик шайланма органдарга болгон ишенимди жоготту. Биздин маалыматыбызга караганда, Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясы толугу менен өзүлөрүнүн өкүлүн шайлаганга аракет кылып жатат. Президент тараптан дагы өзүнүн өкүлүн дайындоо болот деп турабыз. Өткөөл мезгилдеги өлкөлөрдө, демократиясы өнүгүп келаткан өлкөлөрдө мындай органдарга көз каранды эмес, кадыр-барктуу инсандар кириш керек. Ошондой эле бийлик тараптан да, оппозиция тараптан да өкүлдөр кириш керек.

Өмүрбек Текебаевдин баамында, азыркы бийлик өзүнүн калк арасындагы аброюн бекемдегиси келсе мындай талапты четке какпашы керек:

- Эгерде бүгүнкү бийлик эдин ишенимине ээ болом дебесе, адилеттүүлүк, жигитчилик, калыстык деген принциптерди тутунбаса, жарышта судьяны да өзүм дайындайм, жыйынтыгын да өзүм чыгарам деп аракет кылса мындай бийликтин кадыр-баркы болбойт.

Борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндөгү мыйзамга ылайык азыркы БШКнын иштөө мөөнөтү өткөн жылдын июнь айында аяктаган. Мурдагы парламент күзүндө аны кайра түзүү маселесин карап, бирок бир пикирге келе албагандыктан жана октябрда референдум өткөрүү зарылдыгынан улам комиссиянын иштөө мөөнөтү узартылган. Мыйзамга ылайык эми комиссиянын алты мүчөсүн президент, алтоону парламент тандап түзүш керек. Референдум менен парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө байкалган кемчиликтерден улам борбордук орган катары коомдо БШКга ишенич басаңдап, саясий партия, коомдук уюмдар өткөргөн форумда ишеним көрсөтпөө чечими кабыл алынган. Ага башкы себептердин бири тууралуу комиссиянын мүчөсү Жеңиш Акматов мындай дейт:

- Себеп дегенде 2005-жылы БШКнын күнөөсүнө караганда соттордун күнөөсү чоң болгон. Ал убакта БШК өзүнүн укугунун негизинде көп мыйзам бузууларга каршы турган эле. Бирок, биздин чечимдердин көбүн сот органдары жокко чыгарып, акыры 24-марттагы окуяга алып келген. Ал эми декабрь айындагы парламенттик шайлоодо соттук иш-чаралар көп болгон жок. Көп маселенин бардыгы БШК аркылуу чечилди. Мисалга алсак, партиялардын катталбай калгандыгы, колунда улуттук паспорту бар адамдарды “сен жаран эмес экенсиң” деп четке кагып койду. Көп мыйзам бузууларга БШК жол берди.

Мурдагы шайлоолордон бери эки миңден ашык байкоочусу көз салып келаткан “Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын баамында, эгер бийлик өзү түзгөн “Ак жол” партиясы аркылуу комиссияга тил алчаак адамдарды дайындай турган болсо жарандык коом аны тааныбайт:

- Эгерде Жогорку Кеңеш “Ак жол” партиясынын талапкерди көрсөтүп киргизип койсо, биз андай БШК менен иштеше албайбыз, биз аларды тааный албайбыз.

БШКнын мүчөсү Жылдыз Жолдошева болсо бардык күнөөнү комиссияга жүктөп коюуга негиз жок, себеби, комиссия жергиликтүү комиссиялардын маалыматын гана топтоп, жыйынтыгын чыгарат дейт :

- Биз эми БШКнын мүчөлөрү бизге келген протоколдор менен гана иштейбиз. Облустук, райондук, участкалык комиссиялардын протоколдорунун негизинде гана сандарды кошуу жолу менен жыйынтыгын чыгарабыз. Ошон үчүн мен баса айтайын дегеним бул-мыйзам бузуулар болду, бирок, саясий партиялардын дагы кемчиликтери болду.

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын билдирүүсүн президент жана парламент кандай кабыл алганы азырынча белгисиз.

ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ЖАБЫРКАГАНДАР ӨКМӨТ ЖАРДАМЫНА ЫРААЗЫБЫ?

Жогорку Кеңеште бүгүн өткөн жылдын соңунда өлкө түштүгүндө болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүн ишин карады. Талкуу учурунда айрым депутаттар өкмөттүн бул багыттагы ишин канааттандыраарлык эмес деп табууну сунушташып, бирок ал колдоо тапкан жок. Депутаттардын көпчүлүгү жапа чеккен эл жергиликтүү бийлик менен Чукул кырдаалдар министрлигине өз убагында көңүл буруп, жардам көрсөткөнү үчүн ыраазы болуп жатканын айтышып, натыйжада парламент өкмөттүн ишин негизинен жакшы деп баалады.

Жогорку Кенеште бүгүн биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев баштаган өкмөт мүчөлөрү Ош облусундагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат беришти. Чукул кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин айтымында, өкмөттүн бул маселе боюнча 10-январдагы токтому негизинен аткарылды жана жапа чеккен элдин арасында азыр мурдагы жылдардагы мындай кырсыктардан жабыркагандардын арыз-арманындай даттануулар жокко эсе.

- Министрлик токтомду толук аткарып бүттү. Ош шаарына жана Ош облусуна жалпысынан 11 миллион сомдун тегерегиндеги өлчөмдө жардам көрсөттүк. Азыр катаал суукка карабастан даттануулар жокко эсе. Бул деген ошол жер-жерлерде иштеген өкмөттүк структуралардын, анын ичинде биздин министрликтин ишинин баасы.

Ошол эле учурда маселени талкуу учурунда депутат Алишер Сабиров жер титирөөдөн жапа чеккен Оштогу шайлоочулар азыр кыйын шартта жашап жатканын айтып, бул багыттагы ишин канааттандыраарлыксыз деп табууну сунуштады. Ушундай эле сунушту депутат Улукбек Ормонов да айтты:

- Өзгөн районундагы жер титирөөгө жетиштүү баа берилбегени мени өкүндүрөт. Комиссия түзүп, ушул маселени карап койсоңуздар. Ошондуктан өкмөттүн ишин канааттандыраарлык эмес деп кабыл алууну мен да сунуш кылам.

Бирок добуш берүүгө коюлганда эки депутаттын мындай сунушу колдоо тапкан жок. Тескерисинче көпчүлүк депутаттар өкмөттүн бул багыттагы ишин жакшы деп баалашты. Бул маселени кароо учурунда ошондой эле жабыркаган элге уй куруу үчүн акчаны колуна бергендин ордуна ошол акчага жаңы үйлөрдү куруп берүү, өлкө жарандарынын турак жайларын милдеттүү камсыздандыруу маселесин иштеп чыгуу, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга багытталган каражатты көбөйтүүнү бюджет маселесин караганда эске алуу сунуштары айтылды.

Ош облусунун губернатору Аалы Карашев болсо башка жакка көчүрүлгөндөр учурда негизинен кайра өз айылдарына жөнөтүлүп, жылуу чатырларга жайгаштырылганын, Ланган айылынан гана 14 үй-бүлө азыр Кашкаркыштактагы балдар бакчасында жашап жатканын айтып, азыркы абал боюнча «Азаттыкка» буларды билдирди.

- Көмүр маселеси чечилбей жатты эле, эми ал да чечилди. Эл баарына түшүнүү менен мамиле кылып жатканына ыраазычылык билдириш керек. «Курсагыбыз ток, жакшыбы-жаманбы кышка даярдыгыбыз бар» - деп, көмүр жагынан, анан курулуш материалдарын арзандатылган баада берүүнү, узак мөөнөттүү ссуда жана үй курганга жер берүүнү сурап жатат. Биз азыр ушул маселенин үстүндө иштеп жатабыз.

Ошентип Жогорку кенеш бул боюнча окмоттун ишин канааттандырарлык деп тапты. Депутат Жусуп Жээнбеков мындай баа туура берилди деп эсептейт:

- Кырсык болгонуна мына бир ай болду. Чынын айтыш керек, биринчи күндөн эле жергиликтүү бийлик, иликтөө топтору иштеп атты… Эми баарын эле жаман деп тепкилей бергенден эмне пайда? Андан көрө акча жагынан жардам берели, бюджетин көбөйтүп берели деп жатабыз.

Кырсык болгон аймактагы абал менен жакында эле таанышып келген депутат Бакыт Бешимов да жергиликтүү бийлик менен чукул кырдаалдар министрлгинин убагында жардам көрсөткөнүнө эл ыраазы болуп жатканын, бирок чынында абал оор экенин белгилейт.

БОРБОРДУК АЯНТТА АЙТ НАМАЗДАРЫН ОКУУГА ТЫЮУ САЛЫНЫШЫ МҮМКҮН

Акан Иманов, Бишкек Жылына Орозо айт жана Курман айт майрамдарында Бишкек шаарынын эски борбордук аянтында окулуп келген айт намазына ал жерде окууга тыйуу салынышы мүмкүн. Мындай кайрылууну Ички иштер министрлиги өкмөткө өткөн жылдын ноябрь айында жөнөткөн. Жылына эки жолу өткөрүлчү айт намазын окууну эми башка жерге жылдырууга эмне себеп болушу ыктымал?

Айт намазын окууну борбордук аянттан, башка жерге көчүрүү сунушу менен Ички иштер мнистрлигинин мурдагы жетекчиси Болотбек Ногобаев өкмөткө былтыр эле кайрылган. “Буга бир нече факторлор себеп болууда”, - деп айтылган жолдонгон катта. Биринчи кезекте, өлкөнүн жана андагы адамдардын коопсуздугуна көңүл бурулат. Ошондой эле айт намаз күндөрү борбордук аянттын тегерегиндеги Фрунзе, Киев, Чуй проспектиси Исанов көчөсүнөн тарта Абдрахманов көчөсүнө чейин бир убакта тосулуп, кенен жүрүүгө мүмкүндүк болбой жаткандыгы жазылган.

Келечекте намазга келчү адамдардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. “Эми аларга чон аянт керек”, - дейт укук коргоо органдары.

-Жыл сайын 50-60 миңдей адам аянтка келет. Эми жылдан жылга адамдар көбөйөт. Биринчиден, өлкөдөгү адамдардын коопсуздугу үчүн деп өкмөткө сунуш киргизгенбиз. Намаз окууну башка жерге которуу иши бүгүн, же эртең чечиле кала турган маселе эмес. Келечекте бул адамдар үчүн өзүнчө бир атайын жер бөлүп берүү абзел, - деди ИИМнин маалымат борборунун башчысы Бакыт Сейитов.

Жылына эки ирээт өткөрүлчү Курман айт жана Орозо айт намаздарына мамлекеттин биринчи адамдары, чет-өлкөлүктөрдүн дипломатиялык кызматкерлери да катышып келишет. Мындан беш жыл мурун намазга 10 минге жакын адам келсе, азыр алардын саны 50 минден ашкандыгы белгиленүүдө.

Кыргызстан мусулмандар муфтиятынын мечит-медреселер боюнча бөлүм башчысы Рахмотулла Эгембердиев бул сунушка каршы экендигин билдирди.

-Он жыл убакыттан аянтта эч бир терс көрүнүштөр болгон жок. Мынча элди биздин мечиттерге батыруу кыйын. Өткөн жылы президент Бакиев тарабынан 6,5 гектар жер берилген. Азыр ал жерге 10 миң киши бата турган мечит курулууда. Бирок, баары бир ал жерге деле, эл батпайт го...

Кыргызстандагы Ислам институтунда билим алган студенттер “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, укук коргоо органдары тарабынан көтөрүлүп жаткан коопсуздук чаралары менен макул эместигин айтышты. Алардын ою боюнча милиция мындан көрө бөлөк жагымсыз көрүнүштөр менен күрөшсө болмок.

- Мен - Рахат Нүкүева. Алардын тыйуу салышы туура эмес. Андан көрө, коомдогу жаман көрүнүштөр: сойкулук, баңгиликке каршы күрөшсө туура болмок.

- Атым, Сейит Исаев. Эң негизгиси мусулмандардын коопсуздугун коргойлук деген себеп менен чыккан бул демилгени мен жеке адам катары колдойм. Бирок, менин оюмча, мусулмандардын бул ыйык майрамдарында, кандайдыр бир, чыр-чатактын аянтта чыгуусу мүмкүн эмес. Анын ордуна ошол айт күндөрү укук коргоо органдары, аянтты курчап, адамдардын коопсуздугун сактаса.

Азыркы тапта Бишкек шаарында 27 мечит бар. Дагы он чактысы курулуп жатат. Алардын катарында аянты 6,5 гектарды камтыган негизги чоң мечит да бар. Эгер курулуш аяктаса, бул маселе өзүнөн өзү эле жоюлат деген да ойлор бар. Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун-басары Канат Мырзахалилов.

-Бул бир шилтемде чечиле турган иш эмес, атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин гана бул маселе аякташы мүмкүн, атайын бөлүнүп берилген жер даяр, кудай буюрса, жазында курулуш иштери башталганы турат, аяктаса бул проблема өзүнөн өзү жоюлат деген ойдомун.

Өлкөнүн динаятчылары эгерде борбордук аянтта айт намазын окууга тыйуу салынып калса, бул өңдүү чаралар өлкө жарандары арасында нааразылыктарды жаратышы мүмкүн экенин экскертишүүдө. Ошол эле учурда, Ички иштер министрлиги бул маселе азырынча сунуш иретинде гана айтылып жаткандыгы тууралуу билдирди.

ЭРКИН ЖЫЙЫНДАРДЫ КУУП-ТАРКАТУУДАН АКСЫ ОКУЯСЫ КЕЛИП ЧЫККАН

Атуулдардын тынч митинг өткөрүү укугун кайрадан кайтарып берүү боюнча токтоосуз чара көрүүсүн өтүнүп бир катар бейөкмөт уюмдар бүгүн президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдошту. Анда Бишкек шаардык кеңештин митинг, пикеттерди чектөө жөнүндөгү токтому Конституцияга каршы келип, карапайым жарандар менен милиция кызматкерлеринин ортосунда жасалма карама-каршылыкты түзгөндүгү айтылат. Ошондой эле тегерек үстөл жыйынында пикет, тынч жыйындарды өткөргөндөргө тартип коргоо кызматтарынын мыйзамсыз аракеттери сынга алынды. Конституциялык саясат боюнча институттун директору Нурлан Сыдыков бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш жоопкерчиликти алып жаңы мыйзамдарды кабыл алыш керек деп эсептейт.

30-ноябрдагы Бишкек шаардык кеңешинин митинг, пикет өткөрүүнү чектеген токтомунун мыйзамсыздыгы укуктук негизде «Достук» мейманканасынын жыйындар залында тегерек үстөлдө талкууланды. Аны өткөрүшкөн бир катар бейөкмөт уюмдар шаардык кеңештин чечими атуулдардын укугун бузуп, Баш мыйзамга, адам укугу боюнча эл аралык нормаларга каршы келерин белгилешти. Тынч жыйындарды өткөрүүдө адам укугу боюнча мыйзамдын бузулушуна аткаруу бийлиги, Жогорку Кеңеш көңүл бурбай жатканын айтып сынга алышты. Шаар кеңешинин чечимине таянып милиция кызматкерлеринин «Мен ишенбейм...» нааразылык акциясына чыккандарды күч менен кармап камакка алышканына, аларга карата соттордун мыйзамсыз чечимдерине карата каршы пикирлерин билдиришти. Жыйын соңунда бул маселеге токтоосуз чара көрүүнү өтүнүшүп президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдошту. Аны Укук коргоочулардын координатордук кеңешинин мүчөсү Бурул Макенбаева жарыялады.

-Тынч жыйындарды өткөрүүдө адам укуктарын кайрадан мурдагы калыбына келтирүү боюнча токтоосуз чара көрүшүңүздү өтүнүп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кепили катары сизге кайрылабыз.

Кайрылууда шаар башчысы Данияр Үсөновдун көрсөтмөсү менен тынч митинг, пикеттерди чектөө жөнүндөгү Бишкек шаар кеңешинин токтому жарандар менен милиция кызматкерлеринин ортосунда жасалма карама-каршылыктарды жаратары, бул каршылык кагылышууга алып барары белгиленген. Бийликтин буга чейинки мындай кадамы Аксы окуясынын чыгышына себепкер болгону эскертилген.

Ошондой эле Бурул Макенбаева бул маселе боюнча мэр Данияр Үсөновду, баш прокурор Элмурза Сатыбалдиевди жана «Мен ишенбейм...» акцияларынын катышуучуларына күч колдонгон ички иштер министрлигинин кызматкерлерин, буга байланыштуу чечим чыгарган сотторду укуктук болбосо дагы моралдык жоопкерчиликке тартууну сунуштады.

Атайын тынч жыйын, митинг, пикет боюнча адам укугун коргоо деги эле мыйзамсыздыкка жол бербөөгө байланыштуу жыйынга чакыртылган Ички иштер министрлиги менен президенттин администрация өкүлдөрүнөн башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү келишпегенин укук коргоочу Азиза Абдырасулова билдирди.

-Бул маселе боюнча чечүүчү роль ойногон Бишкек шаар мэриясы, шаардык кеңеш, адилет министрлиги, башкы прокуратура бүгүн бул жыйынга келишкен жок. Балким алар өздөрүнүн катачылыктарын сезип катышууну каалабагандыр. Алардын мындай мамилеси бул маселе боюнча жоопкерчиликтен качып келбей койгондой болуп атат.

Укук коргоочулардын шаар кеңешинин митинг, пкиеттерди чектеген токтомун жокко чыгарууга жана анын демилгечиси мэр Данияр Үсөновду жоопкерчиликке тартуу боюнча өтүнүчүн Башкы прокуратура бейшембиде канааттандырган эмес. Прокуратура шаардык кеңеш тынч митингдерди өткөрүүнү чектеген токтомду 1994-жылы «Шаардын статусу» жөнүндө токтомго ылайык чыгаргандыгы тууралуу түшүндүрмө берген.

Жыйында сынга алынган митинг, пикетке чыккандарды кармап камакка алышкан милиция кызматкерлринин иш аракеттерине карата пикирин билдирген Ички иштер министрлигинин тогузунчу бөлүмүнүн башчысы Жамбыл Жаныбеков, тартип коргоо кызматтары мыйзамдын чегинде иш алып барышканын айтты.

-Милиция кызматкерлери мыйзамдын чегинде иштешүүдө. Эгерде ошол жерде коомдук тартипти бузуп, бирөөлөрдүн жашоо турмушуна, иш тиричилигине жолтоо болуп атса ошого карата бизде мыйзамда жазылган, «Биз ошого карата чара колдонушубуз керек» деген.

Жаныбеков шаар кеңешинин митинг,пикеттерди чектеген чечимин колдоорун белгиледи.

Конституциялык саясат боюнча институттун директору Нурлан Сыдыков болсо бейөкмөт уюмдардын кайрылуусу президентке жетип, оңдуу жыйынтык чыгарыларын, ал эми Жогорку Кеңеш митинг, пикеттер боюнча жаңы мыйзам кабыл алыш керек деп эсептейт.

-Биздин мыйзам системасында кичине бир толукталбаган жер бар. Конституцияда жазылып турат демонстранция, митингдердин эрежеси мыйзам менен аныкталышы керек деп. Азыр болсо мыйзамда андай эрежелер жок. Менин оюмча Жогорку Кеңеш жоопкерчиликти алып жогорудагы маселелерге байланыштуу жаңы мыйзамдарды кабыл алыш керек.

Президенттин карамагындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун митинг, пикет боюнча Бишкек шаар кеңешинин чечими мыйзамсыз экендигин, аны жокко чыгаруу багытында комиссия тарабынан иш аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.

Өткөн жылы 30-ноябрда Бишкек шаар кеңеши митинг,пикет өткөрүү тартибин бектитип, акциялар Жогорку Кеңештин алдындагы аянтта, М.Горький скверинде, «Жаштык» паркында гана өткөрүлүп, алдын ала жергиликтүү бийликтерге он күн мурда эскертүүсү керек деген токтомун чыгарган.

ПРЕЗИДЕНТКЕ КАРШЫ “РЕВОЛЮЦИЯЛЫК КЫЙМЫЛ” ЖАШТАРДАН КОЛДОО ТАБА АЛАБЫ?

Акан Иманов, Бишкек Оппозициялык маанайдагы “Асаба” партиясынын лидери Азимбек Бекназаров Бишкектеги маалымат жыйынында “Кыргызстан революциялык комитети” түзүлгөндүгүн жарыя кылды. Жаңы түзүлгөн саясий кыймылдын көздөгөн максаты - 24-марттагы Элдик революциянын талаптарын ишке ашыруу жана Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү. Жаңы түзүлгөн кыймыл тууралуу жаш саясатчылар кандай ойдо?

Жаңы түзүлгөн революциялык комитет тараткан кайрылууда “Курманбек Бакиев март окуяларынын учурунда элге берген убадаларынын бирин да аткарган жок” деген сын-доомат айтылды. Ошондой эле “Аксы окуясы аягына чыкпады”, “Өлкөдө Бакиевдин хандык Конституциясы орноду” деп белгиленет. Президент Бакиев элдин үмүтүн актабагандыгы үчүн элден кечирим сурап, ыңкылаптын үч жылдыгында өз ыктыяры менен кызматтан кетиши керек, - деген кайрылуу жасашты.
А.Бекназаров мыйзам чегинде иш кылаарын айтып, адамдарды жеңишке чейин аны менен бирге болууга чакырды.

-Революциялык комитеттин мүчөлөрү кызмат, байлык үчүн эмес, Кыргызстандагы үй-бүлөлүк башкаруу системасын сындыруу, коррупцияны ооздуктоо, өлкөбүздүн мамлекет катары сакталышы үчүн он жылдан бери күрөшүп жүргөндөрдөн. Президент Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кетирүү үчүн мыйзам жол берген баардык саясий акцияларды колдогондор бул кыймылдын мүчөсү деп саналат. Сиздерди жеңишке чейин бирге болууга чакырабыз.

Жаңы оппозициялык кыймылга кандай саясатчылар, саясий күчтөр киргендигин Бекназаров ачык айтуудан баш тартты. Бул уюм жарым жашыруун абалда аракеттенет, дареги, мүчөлөрү айтылбайт деди ал.

Революциялык идеяларды ишке ашыруу жана президент Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү максатын көздөгөн бул кыймылды коомчулук кандай кабыл алат. Жогорку Кеңештин депутаты Максат Кунакуновдун баамында, элге тынчылык керек.

-Биринчи кезекте элге стабилдүүлүк керек. “Революция” деп кайра башына түшкөн болбойт. Эл аны колдобойт жана ага кошулбайт. Ошондуктан алар жашыруун кыймылбыз деп турушат окшойт.

2005-жылы ынклаптын астында, жаштар тарабынан “Келкел”, “Бирге” сыяктуу кыймылдар түзүлгөн. Алардын башкы максаты - ошол кездеги президент Акаевди кызматынан кетирүү эле. Ошондогу “Бирге” жаштар уюмунун мүчөсү Нурила Батыралиева бул революциялык кыймылдын идеясы ишке ашаарына күмөн санаарын билдирди.

-Азыр убакыт башка. Оппозициянын ошондогудай күчү жок, бирдиктүү эмес. Менимче, алардын максатына жетиши кыйын болот. Эгер алар жаштарга мамиле жасаганды таба билишсе, “Мен ишенбейм...” уюмундагы жаштар колдошу мүмкүн.

Ал эми студент Чыңгыз Амантур уулу төмөндөгүлөргө токтолду.

-“Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” дегендей болуп калды. Маселен, Адилет Айтикеев сыяктуулар, ак жеринен соттолууда. Бул идеяга өтө ишенгендер колдошу мүмкүн, бирок андайлардын саны аз. Ал эми коомчулук болсо, кубаттап эле тим болот окшойт.

Революциялык кыймыл, жер-сууну, жайлоону, кен-байлыктарды чет өлкөлүктөргө менчикке сатууга каршы экендигин, конституциялык реформаны жүргүзүү зарылчылыгын жана элдин байлыгын элге кайтаруу керектигин айтып, президент мөөнөтүнөн мурда кетсин деген талап коюшту. Болбосо жакында кыймыл атайын чараларды көөрөөрүн билдирди. “Ал кандай чара экени азырынча жашыруун”, - дейт кыймыл мүчөсү А.Бекназаров.

ОШТО КАЧКЫН АДВОКАТТЫН ҮСТҮНӨН СОТ БАШТАЛДЫ (сүрөт баян)

Бириккен Улуттар Уюму качкын макамын ыйгарган кыргызстандык адвокат Саидкамол Ахмедовдун үстүнөн сот жараяны Ош шаардык сотунда 24-январда башталды. Ахмедовго алдамчылык менен алектенген, ошондой эле бирөөлөрдүн документтерин жасаган деген айыптар коюлууда. Саидкамол Ахмедов өзүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагып, бийликти такай сындаган кесиптик ишмердиги үчүн ага каршы куугунтук болуп жатканын билдирүүдө.
















Алишер Токсонбаев, Ош

ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ: БИЙЛИК ӨЗҮНҮН МУШТУМУНА ТАЯНЫП ЖАТАТ

“Асаба” партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү деген революциялык комитет түзгөндүгүн жарыялады. Жаңы оппозициялык уюмдун билдирүүсү жөнүндө түрдүү пикирлер айтылып, бир катар саясатчылар мындан алгылыктуу жыйынтык чыкпайт деген ойлорун билдирип жатышат. “Кайран Эл” партиясынын лидери, экс-депутат Дооронбек Садырбаев “Азаттыктын” таңкы уктурууларына чыгып, түз байланышта Бакиевди кетирүү максатын жарыя кылган революциялык комитет жөнүндө өзүнүн ой-пикирин бөлүштү.

- Менин пикирим, 2007-жылдын 16-декабрь күнү биздин өлкөбүздө саясий, руханий, мыйзамий жана инсаний көтөрүлүш болуп, жумурай журт бир адамдын керт башына сыйына турган абалга кириптер болуп калдык. Мындай учурда башка цивилизациялык мамлекеттерде муштуму күчтүү, камчысы катуу, мүнөзү зөөкүр, жырткычтык маанайы бар мамлекеттерде эл үчүн деген, же болбосо кайсыдыр бир идеяны көтөрүп чыккан партиялар жарым-жартылай жашыруун түрдө иш жүргүзүүгө муктаж болушат. Бул жагынан алганда мен бул революциялык комитетти уюштуруп иштей баштагандардын аракетин колдойт элем.

Себеби, биздин жергебизде оппозициялык идеянын жок дегенде көрөңгөсүн сактап калуу үчүн болгон эң акыркы аракет болуп эсептелет. Оппозиция калп айткан менен болобу, 16-декабрь күнү талкаланды, аябай жоготууларга учурады, аябай алсырап турат. Тарыхты жакшылап карап көрсөк, Россиянын Коммунисттик партиясы, Португалиянын, же болбосо испандык коммунисттердин иш тажрыйбасында жарым жартылай жашыруун акыбалга өтүп туруп, өздөрүнүн идеясын ушул ыкма менен ишке ашырганы туурарактай болуп көрүнүп турат.

“Асаба”, “Кайран эл” партияларына деле, Революциялык комитетке деле анчалык турмушту жакшы түшүнө элек жаш балдарды, кыз-кыркынды каматып ийип, токмоктоп тургандан эч кимге мүйүз чыкпайт. Ошон үчүн революциялык комитеттин ишин мен колдойм. Мүмкүн болушунча ар бир адам өзүнүн дилинде, көңүлүндө идеясын колдойт деп үмүттөнөм. Мындан натыйжа чыгабы, чыкпайбы бул келечектин иши. Себеби коммунисттик, большевиктик партиянын ушул сыяктуу жашыруун жүрүп ишке ашырган мезгили 27-37 жылдын аралыгында болуп өткөн. Бул абдан көп убакытты, бирок эң негизгиси оппозициялык кыймылды көрөнгөсүн актап калуу болуп эсептелет.

- Бийлик Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүндө эч кандай негиз жок деген көз карашын билдирди. Сиз билесиз, мурдагы бийликтин тушунда 2002-жылы ошондогу оппозиция “Акаевге отставка, элге реформа” деген кыймыл түзүп, бул аягында элдик кыймыл болуп негизделип, 2005-жылы Акаевдин отставкасы менен аяктаган. Мүмкүн бийлик тоготпостук менен мамиле кылганына карабай, бул комитеттин артында олуттуу бир уюм жаткандыр. Буга бийлик кандайдыр бир мамиле кылып, сүйлөшүүлөрдү баштаганга болобу?

- Бийлик азыр өзүнүн муштумуна, зөөкүрлүгүнө жана көздөн жаш азыгып, башка жактан жин агызып кое турган күчүнө ишенип атат. Элдин арасында адилеттүүлүк, эркиндик, теңдик, калыстык деген түшүнүк эч качан жоголуп кетпейт. Ошону сактап калуу үчүн, ошого жетишүү үчүн, карапайым калктын мүдөөсүн бириктирүү үчүн Азимбек Бекназаров башында турган комитеттин бар экендиги жакшы. Жок дегенде эркиндик, калыстык жөнүндөгү эңсөө өлбөйт деп айта жүргөнгө, ошондон үмүт кылганга бул чоң өбөлгө болот.

- Кээ бир саясатчылар Бакиевдин бийлигин азыркы оппозиция алып түшө албайт, жаңы муун керек деген дагы пикирлерин айтып атышат. Сиздин оюңуз?

- Мен ошонусуна кошулгум келип турат. Себеби азыркы оппозиция жаңы муундарга эркиндик, теңдикке, калыстыкка, адилеттүүлүккө болгон эңсөөнүн үрөнүн чачып кетсе, алып кетиши мүмкүн чындыгында. Азыркы оппозиция өтө алсырап, бели мертинип, колунан эч нерсе келбей турган кези.

- Маегиңизге ырахмат.

90 ДЕПУТАТ БИР КЫРГЫЗСТАНДЫ КАНТИП ТОЙГУЗАТ?

“Аалам” гезити Өмүрбек Текебаевдин:”Зомбулук саясат улана берсе, элдин нааразычылыгы көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн”, Чыңгыз Айтматовдун:”Биз аксакалдар билгенибизди гана айтабыз, бирок заманыбызды өзгөртө албайбыз. Заманды силер, жаштар өзгөртөсүңөр, колубуздан келбейт дебегиле”, Азимбек Бекназаровдун:”...Сизди бийликке отургузган айрым “ишенчээк соратниктериңиз” кандайдыр бир деңгээлдеги күнөөбүздү сезип, эл алдындагы ошол күнөөбүздү жоюу үчүн бизди колдогон айрым патриоттор менен биригип, Кыргызстан революциялык комитетин түзгөнүбүздү жарыялайбыз!”деген “Агым” гезити, “Акаев президент болуп турганда Бекешов комосто жашаган эмес” деген “Жаңы ордо” гезити “Баңгизаттын жолун бууйбуз”, “КТР президентти кантип брак кылды”, “Бир кумалак улуттук каналды иритеби”, “Жээнбековдорго жээн табак”, “Жылкыңа карап ышкыр” деген “Новый Кыргызстан” гезити: ”Ички иштер министрлиги Бишкектин аянтына намазга жыгылуу каадасына тыйуу салууну сунуш кылды”,”Корей ишкерлерин коркутуп жатышат”,”Жиндиканага соо адамдар түшүүдө”, “2008-жылдын кышы-электрсиз, жылуулуксуз жана суусуз же республикадагы катастрофалык абал жөнүндө” деген баш темада жумалык сандарын баштады. Эми алардын ичине үңүлүп көрөлү.

“Аалам” гезити жакынкы күндөрү жаңы Жогорку Кеңеш Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты ит бекер бергени турганын, ал эми кыкеңдерден бекер алган ошол пансионаттарды казактар европалык туристтик компанияларга сатканы жатканы жөнүндө имиш кеп Ала Тоонун асманында калкып жүргөнүн, айрым маалыматтар боюнча бийлик А.Атамбаевге Түркияга элчилик кызматты же Чүй облусуна губернатор болууну сунуштап атканын кабарлады. Гезитке белгилүү публицист Үсөн Касыбековдун “ЛожКА ишке киришти-2” деген макаласы да жарык көрдү. Анда жаңы депутаттардын арасында козголуп аткан квартира маселесине токтолуп, бекер алчу квартираларынан тышкары айлык акылары эл арасында 20 миң сомго тете деп айтылып жүргөнүн, мындан тышкары квартал сайын алуучу премияларын кошкондо алардын айлык маяналары 30 миң сомго чыгарын, мындай айлыкты алар иштесе, иштебесе да ала беришерин, кыскасы “ложкачыл” депутаттар Азимбек Бекназаров айткандай “булар элдин өкүлдөрү эмес, Курманбек Бакиевдин өкүлдөрү” экенин жазып чекит койду.

“Жаңы ордо” гезити “Эшимканов Бакиевди кантип булгады?” деген тема алдында агартуу кызматынын ардагери Мустафа Касымбековдун макаласын жарыялады. Макала автору “Эшимканов менен Эрнис Кыязов 30 мүнөттүк “Ала Тоону”, анын ичинде президент К.Бакиевдин сөзүн жөндөп көрсөтө албагандан кийин Бейшенбек Бекешовдун жазган макаласына 100 пайыз ишенип калдым” деп аяктайт.

“Агым” гезити да ушул эле УТРК жана Б.Бекешовдун өткөн жумадагы жазган макаласына каяша катары УТРК “Замана” студиясынын продюсери Тамара Жаманбаева менен УТРК баш деректиринин кеңешчиси Бейшенбек Мамбетакуновдун ойлорун окурмандарга сунуш кылды. Гезит ошондой эле ат жалындагы алтооз сөзгө чакырып, “парламент жазда тарайт деген божомолдор бар, буга сиз кандай пикирдесиз?” деп суроо салганда генерал Мирослав Ниязов, бул парламент эч убакта биримдикте боло албайт, анткени парламентке алар ыплас технологиялар менен келишкенин сезишет, ошондуктан жаздабы же күздөбү ар кандай саясый толкундоолор күтүлүшү мүмкүн, анын аягы парламенттин тарап кетишине шарт түзөт, десе, саясый серепчи Токтогул Какчекеев, шашылыш, дүрбөп, шымы бүтөлбөгөн балдар келип калды да, анын үстүнө көз караштары бир эмес. Алар бир гана нерсени билишет, Бишкектен кантип жер, кантип үй алсам деген. Булардын айткан-дегендери бийлик үчүн арык аттап, суу кечпейт. Карап турсаңар, бул парламент өз башын өзү жейт деп айтты. Жазуучу Токтобай Мүлкүбатов, парламент жазда бир топ эле оор сыноолорду башынан өткөрүп, анан күздө кош айтышышы мүмкүн экендигин айтса, саясый байкоочу Алманбет Шыкмамтов, парламент таратылбайт, эң эле ашып кетсе спикерди алмаштырып тынышат. Парламент жазда тарайт деген чындыкка коошпойт деп жооп берди.

“Новый Кыргызстан” гезити Кыргызстандын Ички иштер министрлиги мусулмандардын ыйык майрамы болгон Орозо айт жана Курман айт күндөрү борбордун эски аянтына намазга жыгылууга тыйуу салышы мүмкүн экендигин кабарлап, мындан беш жыл мурун айт намазына жыгылгандардын саны 5-10 миң киши болсо, бүгүн алардын саны 40—50 миңге жеткенин, адамдардын бул сяыктуу маасалык чогулмайы шаардын автожол кыймылына тоскоол кыла баштаганын далилге тартып, аталган министрлик өкмөткө кат жөнөткөнүн, өкмөт буга эмне деп айтары азырынча белгисиздигин, бирок өкмөт алдындагы дин иштери боюнча Мамлекеттик агенттиктин башчысы Тойгонбек Калматов Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы Жумановго мындан ары карай мындай намаздарды мечиттерде же атайын бөлүнгөн жайларда өткөрүүгө пикирин сурап кат жолдогонун белгилеп, бирок мындай кадам өлкөнүн динге ишенген мусулмандарынын арасында кыйла нааразылыкты пайда кылыш ыктымлдыгын жазып чыкты '24kq' агенттигинин маалыматына таянуу менен.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

СУУК СӨӨКТӨН ӨТҮҮДӨ, ӨКМӨТ КАМ ЖЕДИ БЕКЕН?

Кыргызстанда быйыл кыш абдан катуу болуп, отун-суусун аз камдаган жарандардын абалы кыйын болууда. Февраль айында күндун суугу 30 градуска жетет деген имиш кеп калктын үрөйүн учуруп, өкмөткө үмүт артышууда.

Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча бүгүн түнү Кыргызстандын аймагындагы эң катуу суук Нарын облусунда болуп, чеги 29 градуска жетти. Күндүз эң жылуу аймак Ысык-Көл облусунда болуп, суук 9 градустан ашпайт деп билдиришти. Бирок, калк арасында сууктун чеги чындыгында 25 градустан кем болгон жок, чекти атайылап азайтып айтып жатышат деген сөз көп. Андан тышкары февраль айында суук мындан дагы катуулап, 30 градуска жетет экен дешип, отун-суусун аз камдагандар маалымат каражаттарына кайрылышып, катуу суук болсо элдин камын көрүүгө өкмөттүн чамасы кандай экендигине кызыккандар көп. Алардын бири, Чүйдүн Аламүдүн районундагы Мраморное айылынын 62 жаштагы тургуну Кутулмуш Султанов мындай дейт:

- Бизге электр энергиясы абдан аз келип жатат. Ошон үчүн сууктун баары эле бизге келгендей болуп жатат. Айрыкча бизге окшогон кары-картаңдар менен социалдык жактан аз камсыз болгондордун көмүрлөрү да түгөнүп калды. Казакстандан да көмүр келбей калды. Кара-Кечеден келбейт. Кээ бир тургундардын жылытуучу батареялары жарылып калды. Азыр көмүрдүн бир тоннасынын баасы 2 миң 600 сомдон болуп жатат. Аны сатып алууга пенсия жетпейт же иштеген ишим жок болгондуктан абдан кыйынчылык келип жатат.

Сууктун айынан өлкө аймагында гана эмес Бишкекте да бир топ мектептерде окутуу убактылуу токтотулду. Ал эми үй-жайсыз калган селсаяктардын бир тобу дүйнө менен да кош айтууга мажбур болушту. Дүйнө кезген адамдардын сөөгүн жерге берүү боюнча иш алып барган Бишкектеги “Радамант” аттуу ишкананын атын атагысы келбеген кызматкеринин айтымында, борбордун көчөлөрүнөн күнүгө 5-6 селсаяктын сөөгү алынууда:

-Күнүгө 10-15 чакырык түшсө, анын беш-алтоо тоңуп калган селсаяктардын сөөгүн алып кеткиле деген чакырык болууда.

Ал эми Бишкек шаар мэриясынын кышка даярдык көрүү боюнча тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери “сууктун ченеми 30 градуска жеткен жок, демек азырынча баары жакшы” дешип, көрүп жаткан чаралары тууралуу маалымат беришкен жок.

Аба ырайы боюнча Бишкектеги борбордун нөөмөттө турган кызматкери да Кыргызстанда 1920-жылы болгон 38 градустан ашкан суукка азыр жете элек деп, февралда 30 градус суук болот деген имишти жокко чыгарды:

- 1920-жылы 38,1 градус суук болгон. Азыр 20-январда 22 градуска чейин эле жетти. Сокулуктун Жаңы-Жер деген жерде 24 градус болду. Ал эми февралга андай прогноз берилген жок. Түнкүсүн 2,7 градустан 17 градуска чейин, күндүз 1-6 градуска чейин суук болот деп күтүп жатабыз.

Ал эми кыргыз өкмөтүнүн энергетика жана минералдык ресурстар бөлүм башчысынын орун басары Эрнис Карыбековдун айтымында, Кыргызстандын калкынын көмүргө жетпей, колдо болгонунун кымбатташына буга чейин эле баштан кечирип келген тартыштык башкы себеп. Калктын көмүр менен электр энергиясына болгон учурдагы катуу суроо-талабын тезинен чечүүгө өкмөттүн чамасы чак экендигин белгилеген Эрнис Карыбеков кырдаалдан чыгуу үчүн жеңилдетилген кредит берилип жаткандыгын:

- Эгерде бир жылдын ичинде 1,5 миллион тонна көмүр жаксак, анын 10 проценти гана өзүбүздүн түштүктөгү жана Кара-Кечедеги кендерден алабыз. Калган 90 процентин Казактандан алабыз. Казакстанда болсо көмүр кымбаттаган. Экинчиден, Токтогул суу сактагычында суу аз. Ошон үчүн өкмөт бюджеттен 8 миллион долларлык жеңилдетилген кредит бөлуп берди. Ошол акчага көмүр жана мазут алган жатабыз. Ошону менен кыштан чыгабыз деп турабыз ,- деп билдирди.

МИЛЯНФАНДА КАРЫЛУУ ФЕРМЕР КАРАКЧЫЛАРДЫН КОЛУНАН КӨЗ ЖУМДУ

Жазгүл Жамангулова, Чүй Ысыката районундагы “Арсма” дыйкан чарбасынын кожоюнун 22-январда түнүндө белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Кылмышкерлер чарбанын ээси Арсма Шабардан ири суммадагы акча берүүнү талап кылган жана алар баалуу буюмдарды алып кетүүнү көздөгөн. Талапты аткаруудан баш тарткан кожоюнду эки ирээт атып качып кеткен кылмышкерлер азырынча кармала элек.

Милянфан айыл өкмөтүндө беш миңге жакын тургун бар. Тургундардын токсон беш пайызын дунган улутундагылар түзөт. Мына ушул айыл өкмөткө жана жалпы Ысыката районуна белгилүү болгон фермер Арсма Шабар айылдаштарынын айтымында өтө билимдүү, түз жүргөн жана кезеги келгенде жарды- жалчыларга жардам бере билген адам болгон.

- Арсма Шабарды өтө таасирдүү адам эле деп айта албайбыз, бирок өтө билимдүү айыл тургундарына карамдуу адам болгон. Башка айылдаштары менен деле кер- мур айтышып же бирөөнө жамандык кылганын көргөн эмеспиз. Ал түз жүрчү,-дейт айыл өкмөт башчысы Мане Шинар.

Арсма Шабар жетектеген дыйкан чарбада кырктан ашык адам эмгектенет. Учурда чарбага тиешелүү жер жана арбын кара мал бар. Бирок биздин айталы дегенибиз, “Арсма” деген аталыштагы дыйкан чарбанын оң- тескери жагы эмес мына ушул чарбадагы болгон каргашалуу окуя болуп турат.

Окуя кандай болгон, ал туурасында ИИМ басма-сөз катчысы Бакыт Сейитовдун маалыматы.

- 22- январдын түнү, саат 10:30дар чамасында чарба ээси Арсма Шабар аялы жана небереси менен өз үйүнө келген. Ошол маалда эшик алдында күтүп турган үч кылмышкер (25-30дар чамасында) колун байлап, үй бүлөөсүн дагы мылтык менен коркутуп ири суммадагы акча таап берүүсүн талап кылган. Бирок алардын талабына көнбөгөн чарба ээсин үй бүлөөсүнүн көз алдында эки ирээт баш тушка атып, качып кетишкен. Алар эч бир буюм же акча алышпастан качып кетишкен. Ал эми элүү беш жаштагы Арсма Шабар ошол замат көз жумган.

Учурда кылмыш болгон жердеги кылмышкерлерге тиешелүү делген далил буюмдар алынып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Чүй облустук ИИБнин билдиргенге караганда, алгачкы болжолдуу далилдер бар, бирок тергөөнүн иши үчүн азырынча ачык айтылбайт.

ЖЕКЕ АДАМГА СЫЙЫНУУ ДООРУ КАЙТЫП КЕЛДИБИ?

Ушу тапта өлкөнүн демократиялык багыттарына коркунуч туулууда. Жеке адамга сыйынуунун илептери байкалууда. Эл мүдөөсүн чагылдырчу коомдук парламент түзүлбөсө, өлкөнүн эгемендүүлүгүн сактоо да кыйын. Жогорку Кеңеш ар түрдүү көз караштарды ачыкка чыгарбай калды. “Асаба” партиясынын Жалалабат облусундагы төрагасынын ушундай оюна үндөш пикирлерди облустун башка тургундары да айтышты. Көкжаңгак шаарынын жашоочусу коомдук парламент түзүүнү четке какты.

Парламентке кирбей калган оппозициячыл партиялар менен бейөкмөт уюмдардын коомдук парламент түзүү демилгесине облустагы тургундардын көз караштары түрдүүчө болууда. “Асаба” партиясынын облустагы төрагасы Бекмолдо Чотоновдун ою боюнча өлкөдөгү кырдаал татаалдашып, демократиянын тагдырына коркунуч туулууда. Жогорку Кеңештин көпчүлүгү “Ак жол” партиясынын өкүлдөрүнөн куралгандыктан эл мүдөөсүн канааттандыруудан тайсалдап, жеке адамга сыйынуунун белгилери пайда болду:

- Бүгүнкү күндө демократиянын таптакыр түп тамырынан оодарып сала тургандай деңгээлге баратабыз. Азыр бизде жеке адамга сыйынуу болуп баратат. Парламенттин 80 пайызы бул бир партиянын өкүлдөрү, берки 20 пайызы эч кандай эч нерсе чечпейт. Демократиялык курал болбосо элдин мүдөө талабын бийлик эч качан укпайт. Ал эми жеке партия менен мамлекетти өнүктүрүүгө мүмкүн эмес.

Парламентте депутаттар өз ой-пикирлерин мурдагыдай ачык айкын айтуу укугунан ажыроодо. Оппозициячыл партиялар баш кошкон “Акыйкат үчүн” кыймылынын коомдук парламент түзүү демилгеси демократия менен өлкөнүн эгемендүүлүгүн сактап калуу зарылчылыгынан келип чыккан. Мамлекетте демократиялык баалуулуктар сакталбаса, тыш өлкөлөрдүн алдында кадыр-баркы төмөндөп, өнүгүүгө зарыл болгон чет элдик инвестициялардан да кур жалак калуусу да ыктымал. Баалар кымбаттап бараткан чакта азганакай кошумча маяна, пенсия, жөлөк пул менен эл талабын канааттандыруу оор болуп калат:

- Коомдук парламентти бүгүнкү күндө өзүнөн-өзү коом өзү талап кылып калды. Коомдук партиянын лидерлери көзү жетти, коомдук парламентти түзүп биз, өзүбүздүн мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн сактап калыш маселеси туруп атат.

Жогорку Кеңеште партиялардын атынан өкүлдөрдүн сөз алаары да туура эмес. Ноокен районундагы “Кенч” акционердик коомунун төрагасы Акыбай Сооронбаевдин көз карашында коомдук парламент болсо, анда бир партиянын өкүлдөрү үстөмдүк кылышпайт. Бирок, коомдук парламенттин аткараар милдети менен талкуулай турган маселесин жана иштөө тартибин алдын-ала аныктап алган оң:

- Көпчүлүктүн ою боюнча бир жактуу болуп калды. Экинчи көз карашты айтып тура турган бир орган керек эле бизге. Азыр коомдук парламент кандай болот, алар элдин үнүн кантип жеткире алат көп элге белгисиз.

Жогоркулардан айырмаланып, Көкжаңгак шаарынын тургуну Хабибулла Талипов коомдук парламентти түзүү ою менен макул эмес. Анын айтымында парламентке кирбей калган партиялар өз кемчиликтерин шайлоо маалында үгүт-насаат иштеринин начардыгынан издөөсү керек:

- Жаңы парламент түзүүгө мен каршымын. Анткени азыркы парламент жаман иштеп аткан жери жок. “Ата мекен”, “Ар намыс” ж.б. партиялар үгүт иштерин начар өткөрүп, эл билбей калгандыктан өтпөй калса. Булар депутат болуп көнүп калгандан кийин аттан түшсөм дагы эринден түшпөгөндөй болуп кереги жок болчу.

ТҮЙШҮК АРБЫН, БИРОК ЭМНЕГЕ НАТЫЙЖАСЫ АЗ ?

24-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарды. Өткөн жылы өлкөдө 209 чукул кырдаал түзүлүп, табият кырсыктарынан 93 адам каза болуп, 813 млн сомдук материалдык чыгым алып келген. Министрликтин кызматкерлери учурда Ош облусунда болгон жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам берүүдө. Ошондой эле февраль айында министрликтин курамы Ош шаарына биротоло көчүп, жайгашмакчы. Жыйында өрт өчүрүүчү техникалык жабдуулар жетишсиздиги, өндүрүш техникалык коопсуздуктары сакталбаганы, мамлекеттик мүлк максатсыз пайдаланган жагдайлар тууралуу да сын пикирлер айтылды.

Адистердин божомолунда өлкөнүн аймагында 4 миңден ашуун жер көчкү жүрүшү ыктымал. Айрыкча Ош, Жалалабат жана Баткен облустарындагы 40 миң адам жашаган 396 айылда жер көчкү жүрүү коркунучу бар. Ал эми былтыр беш жолу жер көчкү катталган.

Ошондой эле мурдакы жылга салыштырмалуу былтыр 70 суу ташкыны, сел жүрүп, 25 үйбүлөө жабыр тарткан.

Кыргыз жергесинде былтыр 18 ирет жер титирөө катталып, анын үчөө материалдык чыгымдарга дуушар кылган. Мындан сырткары өлкөдө өткөн жылы 3 миң 264 өрт кырсыгы болуп, тилсиз жоо 97 адамдын өмүрүн кыйып, мамлекетти 100 млн. сомдон ашуун чыгымга учураткан.

Министрликтин түштүк аймагы боюнча башкармачылыгынын жетекчиси Дамир Кушбаковдун айтымында өлкөнүн өрттөн сактоо кызматына техникалык жабдуулар, атайын автоунаалар жана адистер жетишсиз, учурдагы техниканын колдонуу мөөнөтү эбак бүткөн.

Ошондой эле аба ырайын алдын ала иликтеп, маалымдап туруучу кызматтардын техникалык жабдуулары да керектен чыгып, учур талаптарына жооп бербейт, дейт өлкөнүн гидрометерология кызматынын жетекчиси Муратбек Бапанов.

Ар жыл сайын жаз айларында кар көчкү түшүү коркунучу кооптондуруп, айрым аймактарда атайын алдын ала көчкү түшүрүлүп, жүздөгөн тонна кар тазалоо иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мойнундагы түйшүк. Айрыкча Ош-Бишкек жолунда былтыр 15 ирет кар көчкү түшүп, 1 млн. куб метр кар тазаланган.

Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин айтымында бул тармактын айрым кызматкерлери өз милдеттерин аткарбастан, табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга турак жай куруу, гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү иштери менен алектенип келген.

Былтыр дүйнөлүк банк табигый кырсыктарды алдын алуу долбооруна 1 млн.630 миң доллар каражат бөлсө, Азия өнүгүү банкы 323 миң доллар берген.

Быйылкы жылдагы милдеттер, максаттар да белгиленип, учурда Ош облусундагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга 11 млн. сомдук каражат бөлүнгөнүн министр Камчыбек Ташиев белгиледи.

Ал эми энергетика боюнча эл аралык эксперт, эмгек сиңирген куруучу Базарбай Мамбетовдун пикиринде бюрократияга баткан, натыйжасыз иштеген бул структуранын борбордук аппаратын кескин кыскартып, жер-жерлерде гана анын мобилдүү механизацияланган кошуундарын түзүү абзел.

- Азыркы Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин трибунасынан бир топ жолу азыр өзү жетектеп жаткан министрликтин ишин сынга алып, анын жетекчилигин миллиондорду жеп коюшканын айтып, айыптап келген. Эми аты аталган министрликке катуу сындарды айтып келген мурдагы депутат Камчыбек Ташиев өзү бул министрликти жетектеп, позициясын түп тамырынан бери өзгөртүп, кыйратып иштейм, реформа кылам дегенин кандайча түшүнсө болот. Бул Өзгөчө кырдаалдар министрлиги толук түрдө реформага муктаж, андай болбогондо анын иштеп жатышынын зыяндан башка пайдасы жок.

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” көрсөтүүсүнө катышкан министр Камчыбек Ташиев Базарбай Мамбетовдун министрликти жоюш керек деген пикирине мындай деп жооп берген.

- Өлкөдө кайсыл жерде чукул кырдаал түзүлсө дароо биринчилерден болуп барып жардам берип, кырдаалды жөнгө салуу жана анын кесепеттерин жоюу үчүн мындай министрлик зарыл жана абдан керек.

АКЧА МЕНЕН САЯСАТТЫН ТАЙМАШЫ

Өткөн жылы Кыргызстанда инфляция деңгээли 20% ашып, аны өкмөт менен Улуттук банк көбүнесе тышкы таасирлерге байланыштырган. Быйыл инфляция 12 – 15% тегерегинде болорун Улуттук банк болжолдоп жатат. Анткен менен жаз алды отун-сууга баанын көтөрүлүшү инфляциянын кескин жогорулашына алып келиши мүмкүн.

Улуттук банк төрагасынын орунбасары Абдыбалы тегин Сүйөркул өткөн жылы азык-түлүк баасынын кескин көтөрүлүп кетишине негизинен сырткы таасир шыкак бергенин белгилеп, ага ылайык акча-кредит саясатында өзгөрүүлөр болгонун маалымдады.

- Баалардын кескин өсүшүнө сырттан келген таасир тийди. Ошого байланыштуу биздин иликтөөлөр баалардын көтөрүлүшүнө сырткы факторлордун таасири 86% тегерегинде болуп турат. Экономикалык өсүштөр боюнча 8,2% реалду өсүшкө жетишилген. Номиналдык ички дүң продукт 140 миллиард сомдун тегерегинде болду.

Бааларды ыраатка салуу амалында өткөн жылдын күзүнөн тарта Улуттук банк 1 миллиард ашуун сомдук ноталарды чыгарган. Негизи өлкөдө жүгүртүүдөгү акчалардын көлөмү көбөйгөнүн, өткөн жылы ал 9 миллиардга бираз жете бербеген сомду түзгөнүн Улуттук банк төрагасынын орунбасары Заир Чокоев да белгиледи.

- Жүгүртүүдөгү акчанын көбөйүшү 38,4% түздү,- деп айтты ал.

Өткөн жылы коммерциялык банктардын кредит баштыгы 84% жакын өсүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 21 миллиард сомго көбөйгөнү маалымдалды. Коммерциялык банктарга сакталчу акчалар 23 миллиарддан ашканын Улуттук банк төрагасынын орунбасары атайын белгиледи.

Банк системасындагы алдагыдай дурус дегидей көрсөткүчтөргө “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын айланасындагы саясий-экономикалык окуялар анча коошпой турат. Улуттук банктын төрага орунбасары Кубанычбек Бөкөнтаев “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын укуктук жактардын алгачкы суроо-талабын аткарууга каржылык чама-чаркы жетерин ырастап, талаштуу иш бир жаңсыл чечилгенче ал токтотулуп турарын билдирди.

- Эми укyктук жактардын акчасын толук төлөп бергенге “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын сарпталчу активдери жетишпейт. Бирок аларды жарым-жартылай төлөшкө жетишет.

“Кыргызөнөржайкурулуш” банк жетекчисинин кеңешчиси Муратбек Мукашев банк кредиттерди кайтара ала тургандыгын белгилеп, анын каржылык абалы өткөн жылы ошол эле Улуттук банк тарабынан текшерилгенин айтат.

- Жана айтып жатпайбы “ливераж коэффициенти” адекваттуулук. Биздин банктыкы 12% болду. Анан төлөй алат деген талап бар. Ошол 62% болду. Норма боюнча ал 30% кем болбош керек. Биздики 62% болуп жатат. Анан карабайсыңарбы. Кыргыздар сүйлөгөндө “Кудай буюрса” деп айтышат. Кудай буюрса, биз жолун таап иштеп кетебиз деген ой-пикирим бар.

Ал эми Социалдык фонд эсебиндеги миллиарддан ашуун сомдорду жылдык үстөк пайызы аз башка банктарга которуу чечимин өткөн жылы кабыл алган.

- Ошондуктан мен айтып жатам, биздин эң негизги максатыбыз - өзүбүздүн активдерди сактап калыш. Бул бир. Экинчиси, мен айттым, биз азыр бардык чечимдерди Социалдык фонддун башкармачылыгы менен кабыл алып жатабыз,- деп айтты Социалдык фонддун төрагасы Марат Султанов.

Банк менен Социалдык фонддун ортосундагы талаштын соттук териштирүүсү бүгүнкүгө жылдырылган. Сотко чейин эле тараптар элдешип талашты мунаса менен чечип, ага чекит коюлуп калышы деле ыктымал.

25- ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Энесайлык кыргыз улуктары-Иженей менен Медечиндер 1657-жылдын 25-январында Красноярск воеводасы М. Скрбинге элчилерин жиберишти. Опозициячыл партиялар менен бейөкмөт бирикмелердин 80 чамалуу өкүлү 2003-жылдын 25-январында III Элдик курултай өткөрдү.

Энесайлык кыргыз улуктары-Иженей менен Медечиндер 1657-жылдын 25-январында шаар этегиндеги татарлар Кубайка жана Акбрункону Красноярск воеводасы М. Скрябинге жиберишкен. Кыргыз улуктары монгол алтынхандарынын өкүмдары Ложан Красноярскиден 4 күндүк аралыкта жайгашкандыгын жана анын ою бузук экендигин билдиришкен. Алардын кабарлоосуна караганда Ложан баштаган алтынхандар Красноярскиге кол салуу камын көрө баштаган. Кыргыздар болсо монголдордун адам саны арбындыгынан улам, аларга каршы күрөшүүгө батынбай тургандыгын эскертишкен.

Совет бийлиги орногондон кийин 1918-жылдын 25-январында кабыл алынган «Жумушчулардын укугу жана эзилген калктардын Декларациясы» кыргыз калкы үчүн мааниси зор документ. Декларацияда мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү бийлик жана автономиялык бирдиктин уюулуш принциптери каралган. Аталган документке ылайык 1916-жылкы көтөрүлүш айынан Кытайга качып, эл-жеринен айрылган кыргыздар Мекенине кайтып келүүгө, тең укукка жетип иштөө мүмкүнчүлүгүнө жетишкен.

Кыргыз областык ВКП (б) бешинчи конференциясы 1929-жылдын 25-январында соңуна чыкты. Конференция он күнгө уланып, анын ишине 6000 чамалуу коммунист катышкан. Партиялык жыйында текшерүү комиссиясынын отчету угулуп, кооперцияны куруу, кедейлер менен иш жүргүзүү, аялдарга азаттык берүү маселелери талкууга алынды. Партиялык уюмдарда жумушчу жана батрактардын саны жетишсиз деп аныкталып, алардын санын 50% жеткирүү жана партия уюмдарынан тап душмандарынын санын азайтуу, бюрократташкан элементтер менен аёсуз күрөш жүргүзүү чаралары белгиленди.

«Арнамыс», «Атамекен», «ЭрК», «Эркиндик», «Асаба», «Республика», «Жаңы Кыргызстан», «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиялары менен «Демократия жана граждандык коом үчүн» бейөкмөт бирикмесинин 80 чамалуу өкүлү 2003-жылдын 25-январында Бишкек шаарында III Элдик курултай өткөрүштү. Курултайда 2-февралга белгиленген Конституциялык өзгөртүү жана түзөтүүлөрдү колдобоо жана шайлоо учаскаларына байкоочуларды жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Президент Аскар Акаев опозициянын 2-февралдагы референдумга каршы штаб куруу аракетин «ач кыйкырык, куу сүрөөн» деп баалады.

Бу күнү, 1858-жылы биринчи жолу Мендельсондун «Үйлөнүү маршы» аткарылып, 1915-жылы ойлоп тапкыч Александр Белль трансамерикалык телефон байланышын өткөрүп, 1924-жылы Франциянын Шамонь шаарында биринчи кышкы Олимпиадалык оюндар башталып, 1627-жылы англис химиги, физик жана философ Роберт Бойль, 1928-жылы грузин саясатчысы Эдуард Шевернадзе, 1938-жылы актер, акын Владимир Высоцкий, 1935-жылы драматург, адабияттаанычу Мырзабек Тойбаев жарык дүйнөгө келген.

АДВОКАТ САИДКАМОЛ АХМЕДОВДУН ҮСТҮНӨН СОТ БАШТАЛДЫ

Бириккен Улуттар Уюму качкын макамын ыйгарган кыргызстандык адвокат Саидкамол Ахмедовдун үстүнөн сот жараяны Ош шаардык сотунда башталды. Айыпталуучу өзү жана анын тарапкерлери бул куугунтуктоону кесиптик ишмердүүлүгүнө, кыргыз бийлигин такай сындагандыгына байланыштырышса, жабырлануучу жана мамлекеттик каралоочу Ахмедов алдамчылык менен алектенген, ошондой эле бирөөлөрдүн документтерин жасаганга батынган деп күнөөлөшүүдө.

Өзгөндүк соодагер, мурун милицияда иштеген Ганыжан Хурулбаевдин айтымында, 2002-жылдын 7-январында ал шериктери менен 2 тонна 70 кило бадамын укук коргоо органдарына алдырып ийет. Жардам сурап илгери бирге иштеген, кийин адвокаттык кесипти аркалаган Саидкамол Ахмедовго кайрылат. Ал сот аркылуу жүктөрдү Ош терминалдан бошотууга жетишет. Бирок, «Терминалга төлөгөн 31 324 сомумду Ахмедов жеп койду, өндүрүп бергиле?» деп 2005-жылы 23-августта гана Ош шаардык прокуратурасына кайрылат.

- Бир нече жолу башкы прокуратурага кайрылгам. Эч кандай иш козгогон жок, - дейт Ганыжан Хурулбаев.

Окуянын башынан-аягына дейре катышкан күбө, ишкер, Өзгөн шаар Кеңешинин депутаты Немат Курбанов терминалдын пулун өзү төлөгөндүгүн, квитанция Хурулбаевдин колунда калгандыгын, атүгүл бузулган бадамды сатууга көмөктөшкөндүгүн сотто жарыя кылды:

- Терминалдагыларга 600 сом бердим эле, анан 2-3 машинеге жүктөп берди. Ал 50 миң бересиң деп туруп алды, - ушинтти Немат Курбанов.

Айыпталуучу адвокат Саидкамол Ахмедов Кыргызстандын укук коргоо органдарын ачык сындап, былыктарын массалык маалымат каражаттарында тайманбай жазгандыгы үчүн куугунтуктап, башпрокурордун мурунку орун басары Нурлан Жээналиевдин тапшырмасы менен кылмыш иши козголгондугун, ошондон улам Бириккен Улуттар Уюму ага качкын макамын ыйгаргандыгын мындайча билдирди.

- Күнөөнү моюнга алыштын себеби жок. Анткени бул граждандык-укуктук мамилеге кире турган иш. Ишеним кат берип атат. Гражданский кодекс боюнча ишеним кат берген адам менен аны алган адамдын ортосунда атуулдук сот карайт. Мени адвокаттык ишмердигим үчүн куугунтуктап жатышат. Анткени мен прокуратуранын үстүнөн көп жазып жүргөм. Ошол негиз болгон. Ошон үчүн мени куугунтуктап жатышат, - деди Саидкамол Ахмедов.

Мамлекеттик каралоочу Мамат Казыбаев прокуратура саясий буюртма менен Ахмедовго карата кылмыш ишин козготтургандыгы жалган жалаа экендигин, бардыгына сот чекит коерун каңкуулады.

- Акчаны алгандан кийин дагы 2 жыл бербей жүрүп атпайбы. Акчаны бериш керек эле да. Бул жерде эч кандай фальсификация жок, анткени жазылган арыз турат, акчаны алган боюнча колу турат, - дейт Мамат Казыбаев.

Төрагалык кылуучу судья Бурханидин Нурмаматов караңгыда танапис жарыялап, териштирүү 30-январда улантылаарын жар салды.

РЕВОЛЮЦИЯЛЫК КОМИТЕТ “БАКИЕВ КЕТСИН!” УРААНЫН ЧАКЫРЫП БАШТАДЫ

Кыргызстанда президент К. Бакиевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетирүү максатында революциялык комитет түзүлдү. Ревком 24-марттагы ыңкылаптын, жалпы элдин үмүтүн актабаган президент катары Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кетирүү үчүн саясий күрөш баштап жатканын “Асаба” партиясынын жетекчиси Азимбек Бекназаров бүгүн жарыялады. Анын айтымында, ревкомду бир катар саясий партиялар, саясатчылар колдоодо, бирок коопсуздук үчүн алардын аты-жөнү, ревкомдун мүчөлөрү, дареги коомчулукка жарыяланбайт. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев болсо мындай билдирүүнү таратууга эч кандай негиз жок деп эсептейт.

Жаңы түзүлгөн саясий кыймылдын көздөгөн мүдөө-максаты 24-марттагы Элдик революциянын талаптарын ишке ашыруу жана Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү экендигин “Асаба” партиясынын жетекчиси Азимбек Бекназаров бүгүн Бишкекте жарыя кылды. Революциялык комитет тараткан кайрылууда Курманбек Бакиев март окуяларынын учурунда бийликке келип атканда элге берген убадаларынын бирин да аткарган жок деген сын-доомат айтылат. Атап айтканда, “мамлекеттик башкарууга үйбүлөсүн, ага-ини, жакындарын аралаштырбоо убадасын аткарган жок”, “Аксы окуялары аягына чыкпады”, “өлкөдө Бакиевдин хандык Конституциясы орноду” деп белгиленет. Ошондой эле билдирүүдө “Акаев жана анын жакындары ээлеп алган байлыктарды элге кайрып берүүнүн ордуна, аларды Бакивдин жакындары өздөрүнө жемиштүү өткөрүп алганы, энергетика, газ, жаратылыш ресурстары, кен байлыктары жана башка маанилүү обьектилер парламенттеги “Ак жол” партиясынын депутаттары тарабынан ратификацияланып чет өлкөлүктөргө берилери белгилүү болуп калганы” көргөзүлгөн. Революциялык комитет элдин үмүтүн актабагандыгы үчүн элден кечирим сурап, президенттик кызматтан өз ыктыяры менен кетүүнү Курманбек Бакиевге сунуш кылды.

-Революциялык комитет сизге Акаевдин тагдырын кайталап качып кеткенден көрө, 2008-жылдын 24-мартында, революциянын үч жылдыгында “элдин үмүтүн актаган жокмун”,- деп элден кечирим сурап, өз ыктыярыңыз менен кызматтан кетүүнү сунуш кылат.

Азимбек Бекназаров ревком 2005-жылдын 24-мартындагыдай шашылыштыктан улам ар кандай каталарды кетиришпестигин, азыркы системаны түп орду менен өзгөртүшөрүн, биринчиден Конституциялык реформа, андан соң шайлоолор өткөрүлөрүн баса белгиледи.

Белгилүү саясатчы Топчубек Туругуналиев “Эркиндик” партиясы ыңкылаптын мүдөөлөрү аткарылбаганы, азыркы бийликтин кемчиликтери тууралуу буга чейин эле сындап келгенин билдирди. Анын айтымында, миңдеген элдин ишенимине кириш үчүн ревком эмне иш кылып бере тургандыгы бүдөмүк, ошондуктан ревкомдун кийинки иш аракеттерине күбө болуп анан бир жыйынтык чыгарган жөндүү.

-Революциялык комитеттин кетирүү, “кетсинизм” деген чакырыктары саясий ураан. Ал эми кетирүү менен бирге ревком бүтүндөй өлкөгө эмне иш кылып берет. Макул президентти кетирсин дейлик. Андан соң мамлекетти экономикалык кризистен алып чыгуу, социалдык маселелерди чечүү жана башка толгон токой иштер тууралуу программасы бар бекен? -деди Топчубек Тургуналиев.

Айрым талдоочулар ревкомдун бул аракетин атайын президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү тездетүү катары баалашса, айрымдары Азимбек Бекназаров саясат айдыңынан четтетилип, өзү көздөгөн мамлекеттик жогорку кызматка дайындалбай калганынан улам ушундай демилге көтөрүп чыкты дешүүдө.

Ал эми президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев болсо революциялык комитеттин атынан Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүндө эч кандай негиз жок деген көз карашта.

-Мен баса белгилеп койгум келет. Мына ушул өңүттөгү билдирүүлөрдү таратуунун эч негизи жок. Себеби жакында эле өткөн жалпы элдик референдумда, андан кийин парламенттик шайлоолордо президенттке, ал жасап жаткан иштерге эл тарабынан болгон ишеним кандай экендиги көрүндү. Бүгүнкү күндө радикалдуу маанайдагы саясаттагы кишилердин эч кандай келечеги жок,- деди Досалы Эсеналиев.

БАШ ПРОКУРАТУРА ДАНИЯР ҮСӨНОВДУ ЖООПКО ТАРТУУГА КАРШЫ

Бурулкан Турдубек кызы Кыргызстандагы белгилүү укук коргоочулардын нааразылык акцияларды иретке келтирүү боюнча Бишкек шаар кеңешинин токтомун жокко чыгаруу өтүнүчүн Башкы прокуратура канагаттандырган жок. Кат жүзүндө берилген мындай жоопко нааразы болгон бир катар укук коргоочулар бүгүн баш прокуратуранын имаратынын жанында пикет өткөрүштү.

Укук коргоочулар Башкы прокуратурага декабрь айында эки ирет кат жолдошкон. Анда Бишкек шаар кеңешинин 5-декабрда кабыл алган нааразылык акцияларды иретке келтирүү жөнүндөгү токтому Конституцияга каршы келери белгиленип, токтомго демилгечи болгон шаар башчысы Данияр Үсөновду Кылмыш Кодексинин 328-беренесинин негизинде жоопко тартуу сунушу берилген. Бул маселе боюнча 21-январда баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдырасулова, Динара Ошуракунова менен да жолугушуп, сүйлөшкөн. Укук коргоочулар өз өтүнүчтөрүндө жоопту 24-январда жазуу жүзүндө алышты. Баш прокурордун орун басары Сумар Насизанын атынан берилген жооп катта шаардык кеңеш «Шаардын макамы жөнүндөгү» мыйзамдын 11-беренесинин чегинде чечим чыгаргандыгы жана шаар башчысы Данияр Үсөновду жоопко тартууга мыйзамдык негиз жоктугу белгиленген. Мындай тыянакка нааразы укук коргоочулар дароо Баш прокуратуранын имаратанынын жанында чакан нааразылык акциясын уюштурушуп, баш прокуратураны сотко берерин билдиришти. «Жарандык коом коррупцияга каршы» укук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова, маселен, укук коргоочуларды «иттен чыгарды» кылып, иш жүзүндө маалымат алууга, жарандардын арыздарын кароого байланышкан мыйзамдарды баш прокуратура бузду деп билдирди:

- Баш прокуратура мыйзамдуулукту караган институт катары иштей албай атат. Бул дагы саясий орган болуп калды. Эки мыйзамды бузуп атат.

«Кылым шамы» укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулованын айтымында, мамлекеттик бир да орган мыйзамдуулукту сактаган жери жок жана ага «Шаар макамы» жөнүндөгү эски мыйзамга таянган шаар кеңешинин токтому күбө:

- Бул 1994-жылы кабыл алынган мыйзам болгондуктан, Конституцияга түздөн-түз каршы келет. Ал жерде уруксат берүүнүн жолдору каралган. Ал берене 2003-жылдан кийин эле жокко чыгарылыш керек эле. Ошого эми Юстиция министрлиги да, Баш прокуратура да, ошол эле шаардык кеңештин депутаттары да көңүл бөлбөстөн, Конституцияга каршы келген беренени колдонуп, ушундай токтом чыгарып отурат. Ошого нааразы болуп биз азыр пикетке чыгып атабыз.

«Биз антиконституциялык токтомго каршыбыз», «Тынч чогулуу – адамдын фундаменталдык укугу» деген ураандарды көтөрүп бир сааттай пикетте турган укук коргоочулар өздөрүнүн акыркы абалын Аксы окуясынан эки жарым ай мурда Азимбек Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сурап дал ушул жерде турган учуру менен салыштырышты. Баш прокуратура өзү жагдайды курчутуп жатат дешти.

Ошол эле учурда Баш прокуратуранын жетекчилиги укук коргоочулардын дооматтарын моюндашкан жери жок. Маселен, пикетчилер менен жолугушууга келген баш прокурордун орун басары Сумар Насиза укук коргочуларга нааразылыктарын сот аркылуу териштирүүнү сунуш кылды. Сумар Насиза укук коргоочуларга берген жооп катын «Азаттыкка» минтип негиздеп берди:

- Булар Данияр Үсөновдун жоопко тартылышын каалап жатышат. Биз текшердик. Биз Данияр Үсөновдун аракеттеринде кылмыш жок деп, кылмыш козгоодон баш тарттык. Шаар прокурорунун кылмыш козгоодон баш тартышын негиздүү дедик. Маселе, Данияр Үсөновдун демилгесинде эмес, шаар кеңештин чечиминде болуп атпайбы. Демилге үчүн кылмыш козгош керекпи? Бул абсурд да.

Ошентип, укук коргоочулардын бул жолку аракетинен да майнап чыкпай калды. Токтом чыккан 5-декабрдан бери райондор аралык сот токтомго байланышкан бир топ арыздарды ирети менен карап келатат, бирок, алардын бири да канагаттандырыла элек. Бул аралыкта тартип коргоо кызматтары парламенттик кезексиз шайлоого нааразы болгондордун «Мен ишенбейм!» акциясынын Төлөкан Исмаилова баштаган катышуучуларын токтомдун негизинде камакка алып, сот жообуна тартканга үлгүрүштү.

УУЛУУ ЗАТ ЦЕЗИЙ-137нин ЧУУСУ УЛАНУУДА

Франциянын “Le Figaro” гезити Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик, Кыргызстандын бийлигинен Иранга бараткан поездден эмне үчүн радиоактивдүү Цезий-137 заты табылганын, кандай себептер менен бул окуя тууралуу бийликтер 10 күндөн кийин гана айтып чыгышканын сурап, түшүндүрүү талап кылышканын жазып чыккан. Ага ылайык, МАГАТЭнин өкүлдөрү бул жүктүн Иранга баратканы кооптондуруп жатканын билдиришкен. Кыргыз бийлиги бул окуя тууралуу азырынча бир жыйынтык чыгаруу али эрте экендигин айтып жатышат.

Жаңы жылдын алдында Өзбекстандын чегарачылары токтотуп, бир вагондон өтө көп радиоактивдүү нурдануу чыгып жатканын аныкташкан соң артка жиберишкен поезд кайрадан Кыргызстанга келип, анда табылган Цезий-137 деген аталыштагы уулуу затты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коопсуз жерге көмүүгө аргасыз болгон. Батыштын маалымат каражаттары, Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги бул заттын Иранга баратканына тынчсызданып жатканын, Кыргызстанга таандык жүктөн кандайча кыйраткыч күчкө ээ уулуу зат чыкканына кызыгарын, бул боюнча кыргыз бийлигинен түшүндүрмө талап кылганын жазып чыгышты. Ошентсе да азырынча кыргыз тарап бул окуянын чоо-жайын ачыкка чыгара элек. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети дагы бул окуя тууралуу кандайдыр бир мааламат берүүдөн баш тартууда. Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин айтымында, бул ишти тиешелүү органдар иликтеп жатышат, ал эми Өзгөчө кырдаалдар министри кооптуу затты жоготуу үчүн бардык чараларды көрдү. Ошондой эле ал “Бул маалыматты эл эмне себептен 10 күндөн кийин гана билди?",- деген суроого мындайча жооп берди:

- Биз эч кандай маалыматты жашырган жокпуз. Эгер жашыра турган болсок биз аны атайын буйрук менен аны колго албайт элек. Биздин ар бир кабыл алган чечимибиз ачык жана каалаган адам маалымат ала алат. Бул жерде жаңы жылдын алдынан тарта 10-январга чейин эс алуулар болуп, ошол маалда ММКлар да эс алып, маалыматты ала албай калышты. Бирөө муну бекитип, көрсөтмө берген жери жок.

Бир катар серепчилер Орто Азия чөлкөмүндө ар кандай кооптуу заттар бар экендигин, айрым террорчу уюмдар да ушул аймактан орун-очок алышканын, андыктан коопсуздук чаралары күчөтүлүшү керектигин айтып келатышат. Ал эми кыйла талаш-тартышты жараткан Цезий-137 затын Иран сатып алууга аракет кылган болуусу мүмкүн же террорчу уюмдардын аракети болушу ыктымал деген да варианттар айтылып, азыркы тапта бул уулуу заттын кандайча Кыргызстандан чыккан жүктөрдүн арасына түшүп калганы чоң суроо тууруруп жатат. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун пикиринде, Кыргызстанда бардык нерсе сатылып кетүүсү мүмкүн болгондуктан мамлекеттик коопсуздук жагы начар болуп турат:

- 1960-жылга чейин бизде уран өндүрүлгөн да. Ал өндүрүлгөндө ушул сыяктуу заттар болгонбу, чыкканбы мага белгисиз. Эми анда байытылган уран өндүрүлүп, алар Орусияга кетчү да. Ал эми коопсуздук жагын алсак, азыр бизде бийликте иштегендер деле бардыгын сатып жибере тургандай маанай болуп турганда, ал жагы начар болуп турат. Ушул жагын алганда мындай заттын бизде чыгып жатканы чочулатат. Бул коопсуздук органдарынын жакшы иштебей аткандыгын көрсөтүп турат.

БАКИЕВДИ КЫЗМАТТАН КЕТИРҮҮНҮ КӨЗДӨГӨН РЕВОЛЮЦИЯЛЫК КОМИТЕТ ТҮЗҮЛДҮ

Жаңы түзүлгөн саясий кыймылдын көздөгөн мүдөө-максаты 24-марттагы Элдик революциянын талаптарын ишке ашыруу жана Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү экендигин “Асаба” партиясынын жетекчиси Азимбек Бекназаров бүгүн Бишкекте жарыя кылды. Революциялык комитет тараткан кайрылууда Курманбек Бакиев март окуяларынын учурунда бийликке келип атканда элге берген убадаларынын бирин да аткарган жок деген сын-доомат айтылат. Атап айтканда, “Аксы окуялары аягына чыкпады”, “өлкөдө Бакиевдин хандык Конституциясы орноду” деп белгиленет. Революциялык комитет элдин үмүтүн актабагандыгы үчүн элден кечирим сурап, президенттик кызматтан өз ыктыяры менен кетүүнү К. Бакиевге сунуш кылган. Жаңы оппозициялык кыймылга кандай саясатчылар, саясий күчтөр киргендигин Азимбек Бекназаров ачык айтуудан баш тартты. (KCh)

ЦЕМЕНТ-КЫШТЫН БААСЫ ДАГЫ АСМАНДАГАН ТУРАБЫ?

Быйылкы жылы газга баанын көтөрүлүшү, жаз айларынан тартып электр энергиясынын кымбаттоо ыктымалдыгы курулуш материалдарынын баалары дагы жогорулай тургандыгын азыртан эле айтып тургансыйт. Бишкек шаардык курулуш башкармалыгынын жетечиси Аскарбек Молдобаев менен ушул маселе тууралу ой бөлүштү.

- Быйылкы жылы курулуш материалдарынын баалары дагы көтөрүлүшү күтүлүүдө. Курулушчулар баанын канча пайызга жогорулашы ыктымал деп болжолдоп жатасыздар?

- Курулуштун эң негизги материалы бул цемент болуп эсептелет. Цементтин баасы 40 пайызга көтөрүлүп кетет го деп коркуп турабыз. Мына жакында курулуш материалдарын чыгаруучу заводдун директору менен жолукканда айтты, азыр баасы 45 сомго көтөрүлсө, ага транспорт акысы кошулат. Андан дагы казактар шлакты көтөрүп атат. Ошону менен бүгүнкү реалдуу баа 40 пайыздан ашык чыгып деп айтты. Анын аркасында кирпич баасы дагы көтөрүлүшү мүмкүн. Себеби шаардагы завод газ менен иштейт, Беловодскидеги көмүр менен иштейт, бул дагы көтөрүлүшү мүмкүн. Ошону менен башка материалдар да көтөрүлүп кетиши мүмкүн.

- Биздин негизги курулуш материалдарын чыгарган монополист ишканалар чет элдик ишкерлердин колунда эмеспи, мисалы цемент-шыйпыр комбинаты. Баанын кымбаттыгы эле эмес, курулуш материалдардын көпчүлүк бөлүгү Казакстан жана башка мамлекеттерге ташылып кетип жатат деген дооматтарды да айтып жүрдүңүздөр эле?

- Эми рынок деген ушул экен да, кайсы жерде баа кымбат болсо, ошол жерде ишкерлер үчүн пайдалуу болсо ошол жакты көздөй продукция көп кетет экен. Бул жерде республикада калтырыш үчүн биздин бажычылар мыйзам чегинен чыкпаса, мүмкүн товарлар көп эле калат эле. Бирок, тилекке каршы, ушул жагы жакшы чечилбей, ортодо коррупция болуп көп товарлар закондон ашык кетип калып атат. Эгер закондун негизиндеги лимит боюнча алганда биздин үлүшүбүз эле калып калса, бизге жетиштүү эле болот эле цемент.

- Билесизби, өткөн жылдары кыргыз өкмөтү цемент менен шыйпырдын чет жакка темир жол менен чыгарылышына уруксат берип, башка автожолдор менен чыкпасын деген токтом кабыл алды эле. Ошого байланыштуу цемент-шыйпыр комбинатын дагы милдеттендирген токтом кабыл алган, бирок тилекке каршы бул токтомдор ишке ашпай эле калды көрүнөт?

- Мунун себеби заводдун күнөөсү эмес, завод өзүнүн функциясын аткарып атат. Аны текшериш оңой. Орто жолдон сыртка алып чыгып алышып, анан алып кетип атат. Бул жерде көбүнчө административдик көзөмөлдү жүргүзүп отурган кишилердин күнөөсү көп.

- Биздин өзүбүздө Кыргызстанда, мисалы. Кызылкыяда, Күрмөнтүдө цемент заводдорун ишке киргизүү жөнүндө сөз болуп эле келaтат, бир жыйынтык чыккыдайбы?

- Бул жагынан билбейм. Жакында мен Кызылкыя заводдун куруп аткан биздин атактуу Жан Ефимович деген курулушчу бар, аны менен жолугуп сүйлөшсөм айтты, кудай буюрса быйыл бүтүрөбүз го дегендей. Себеби финансы жагы чечилди, республикада экономикалык тынчылык болсо ошондо мүмкүн быйыл ишке ашырабыз деген үмүтүбүз бар деди.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG