Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 16:22

Кыргызстан

ЗИЛЗАЛАДАН ЖАБЫРКАГАНДАР ЖАТАКАНАГА КӨЧҮҮДӨН БАШ ТАРТЫШУУДА

Алишер Токтонбаев, Ош Жер титирөөдөн жапа чеккен оштуктарды өздөрү каалабаган жактарга айдактоо күчөдү. Ош шаар мэри муну жарандардын коопсуздугу үчүн жасалып жаткан аракет катары эсептесе, жабырлануучулар «убактылуу алдап жатышат, кийин унутуп коюшат, ошол себептүү укугубузду коргоо максатында Президент Бакиевге чейин барып, пикетке чыгып, ачкачылык жарыялайбыз!» деген ниетте.

Өзгөчө кырдаал министрлигинин акыркы маалыматына караганда, Кыргызстандын түштүк башкалаасындагы көп кабаттуу алты үй жер титирөөдөн улам талкаланып, жашоого жараксыз деп табылган. Айрыкча Ленин көчөсүнүн 351-үйүндө жашаган 36 түтүн, тактап айтканда, 100 чакты киши катуу жабыр тарткандыктан, аларды токтоосуз коопсуз жайларга көчүрүү жагы караштырылып, азырынча окуу жайлардын жатаканаларына жайгаштыруу жагы чечилүүдө.

Бүгүн Ленин көчөсүнүн 351-үйүнүн тургундары менен Ош шаардык өзгөчө кырдаал башкармалыгынын жетекчиси, полковник Эркин Бейшеев, мэр Жумадыл Исаков жолугуп, алардан токтоосуз көчүүнү талап кылышканда, араң турган жабырлануучулар аткаминерлерди карай ызырынышты.

Ушул жердин тургуну Каныгүл Сулууева «Жеңилдетилген шартта үй же жер беришсе, мейли, бирок эптеп жатаканага көчүрүп, кутулабыз деп ойлошпосун» деген маанайда.

- Ушунча элди талаага таштабай бир жерден үйлөрдү берүү керек. Айтып эле, кыйкырып кете бербей, биз азыр мэр, министир келди деп сүйүнүп атабыз, ошолор элдин ал-акыбалын ойлоп, иш жүзүнө ашыруу керек, - дейт Каныгүл Сулууева.

Жабырлануучулардын мындай шартына Ош шаар мэри Жумадыл Исаков да көнүп, учурда кыргыз өкмөтү бул маселенин үстүндө баш оорутуп жаткандыгын жарыя кылды.

- Мындай үйлөрдүн саны көбөйүп атат. Өкмөттөн токтом чыгып ссуда берилгенден кийин, алар квартира, же үй алып көчүп чыгышат, - деди Жумадыл Исаков.

351-үйдүн дагы бир жашоочусу Салтанат Алымбекова алардын талабы аткарылмайынча үйлөрүнөн жылбастыгын, жергиликтүү мамлекеттик органдар жанды кашайтса, аргасыздан өлкө жетекчисине чейин барып, пикет, ачкачылык жарыялашаарын маалымдады.

- Бизге жатаканадан орун берип атат. Ал жакка барсак ошону менен биз калып калышыбыз да мүмкүн. Бизге Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үй салышып берсе жакшы болмок. Эгерде бизди алдап койсо пикетке чыгышка туура келет, Бакиевге барабыз, ачкачылык жарыялайбыз, - ушинтти Салтанат Алымбекова.

Ош шаардык өзгөчө кырдаал башкармалыгынын жетекчиси, полковник Эркин Бейшеев жабырлануучулардын коопсуздугу үчүн керт башы менен жооп беришээрин, ошондуктан, аларды күч колдонуп болсо дагы милиция менен эски үйлөрүнөн коопсуз жайларга айдап чыгышаарын жашырбады.

- Шаар боюнча 3 үй аварийный деп табылды. Ошого байланыштуу бул үйлөрдө жашоого болбойт. Ошондуктан бул үй-бүлөлөрдү мажбурлап болсо да көчүрүүгө тийиштүүбүз, - деди Эркин Бейшеев.

ОШТО ЖЕР ТИТИРӨӨ КЫЙРООЛОРГО АЛЫП КЕЛДИ (Сүрөт баян)

Ош областында жаңы жылдын түнүндө жана биринчи күнү болгон жер титирөөлөрдүн кесепетинен бүтүндөй бир айыл (Папан айыл өкмөтүнө караштуу Тогузбулак айылы) кыйрап, Карасуу, Ноокат райондорунда жана Ош шаарында 300 чакты үй, 8 мектеп, 1 оорукана, 1 клуб жарактан чыкты. Карасуу районундагы Карасөгөт айылындагы үйлөрдүн 70 пайызы кыйроого дуушар болгон. Үйлөрү кыйрап жараксыз болуп калган жашоочулар өкмөттөн конкреттүү жардам болбой жаткандыгын айтып даттанышууда. Кырсык болгон айылдарга 237 чатыр жеткирилди. Чукул кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев 4-январда жер титирөөдөн жапа чеккендерге жылуу кийимдер, тамак-аш азыктары жеткирилерин убада кылды. 3-январда кырсык болгон аймакты биринчи вице- премьер-министр Искендер Айдаралиев келип кыдырып көрдү.



















НУРЖАМАЛ БАЙБОЛОВА: ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ ЖЕКЕ БАСАР БАШКАРУУГА ЖОЛ АЧАТ

Венеция комиссиясы Кыргызстандын 21-октябрда референдумда кабыл алынган жаңы Конституциясын изилдеп чыгып, президенттин ыйгарым укуктары жазылган бөлүктү катуу сынга алган. Анда “мыйзамды жазган адамдар дүйнө жүзүндөгү болгон бардык Конституциялардагы президентке тиешелүү ыйгарым укуктардын бардыгын чогултуп туруп Курманбек Бакиевге тартуулашкан”,- деп көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Бишкек шаар кеңешинин мурдагы төрайымы Нуржамал Байболова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Венеция комиссиясы парламент өз алдынча иштебестигин, жаңы Конституция жеке башкарууга жол ачышы мүмкүндүгүн баса белгилеген.

- 2007-жылы 14-15-декабрда булардын 73-пленардык заседаниеси болуп, ошол жерден Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын тексти боюнча ушул корутунду кабыл алынган. Анда ноябрдагы жана январдагы кабыл алынган баш мыйзамдын кээ бир жетишкендиктерин камтуу менен бирге жаңы Конституцияда кемчиликтер көбүрөөк экени белгиленген. Эң негизгиси жаңы Конституциянын негизги чокусу - мүмкүн болгон мыйзамдык каражаттар аркылуу президенттин башка бийлик бутактарынан артыкчылыгын орнотуу болуп эсептелет. Бул Кыргызстан жакынкы учурда кутулабыз деп аракет кылган авторитардык традицияга дал келип атат. Андан тышкары бул корутундуда Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары жөнүндө айтылган. Жогорку Кеңеш азыркы иштеп аткан Конституциянын негизинде өз алдынча бийликтин бутагы болуп эффективдүү иштей албайт деп баса белгиленген. Андан тышкары өкмөт президенттен толук көз каранды деген жыйынтык чыгарылган. Эң негизгиси корутунду жагында айтылган: бул Конституция өтө татаал жана жөнөкой эмес юридикалык абалда кабыл алынган, бир айдын ичинде бул чоң материал жарыяланган дагы бир айга жетпеген учурда Кыргызстандын калкы ошол Баш мыйзамга өзүнүн жообун бериш керек болчу бар, же жок деген. Референдумдун кандай өткөнүн барыбыз билебиз. Бирок Венециялык комиссия менен кыргыз бийликтеринин ортосунда болгон талкуулар эске алынганда 3-4 гана учурлар камтылган дагы, калганынын баары акыбалды өтө оорлоткон.

-Нуржамал айым, сиз буга чейин жетишкендиктер менен катар дедиңиз. Кандай жетишкендиктери белгиленет?

- Жетишкендиктери булар. Бул адамдык камап алууну прокурор эмес, сот чечиш керек деген талап болгон, бул камтылган. Анткени ноябрдагы Конституцияда бул норма бар болчу. Өлүм жазасын жоюу, сотторду отставкага чейин мөөнөтсүз шайлоо жана соттордун кеңешинин түзүлүшү. Ушул төрт гана негизги жетишкендиктер камтылган. Анан корутундусунда болсо мындай деп жазылган: “Президент өзүнүн укугун, өзүнүн бийлигин узартам десе президентке тоскоолдук жокко эсе. Оппозициянын болсо үнүн угуузуга көп деле мүмкүнчүлүгү жок. Мунун акыры бийликти мыйзамдуу түрдө эмес, революциялык жол менен алмашуусу толук мүмкүн”.

- Сиз бул Кыргызстандагы кырдаалды ичинен билесиз, чындап эле дагы бир ыңкылап болушу мүмкүнбү?

- Азыр мындай болуп атат, конструктивдүү оппозиция керекпи биздин бийликке деп сурап атышат. Биздин бийликке эч кандай оппозициянын кереги жок. Биздин бийлик алардан башкачаарак ойлогон адамдардын оюн да уккусу келбейт. Бирок коомдо шайлоодон кийинки болгон окуялар, элдин арасында жүрүп аткан талкуулар Венециялык комиссиясынын кортундусунан анчалык деле айырмаланбайт.

- Маегиңизге ырахмат.

КАРАСУУДА ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН 396 ҮЙ, 7 МЕКТЕП ЖАРАКСЫЗ БОЛУП КАЛДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түштүк башкармалыгынын башчысы Дамир Кушбаков Ош областындагы жер титирөөдөн кийинки кырдаал жана жергиликтүү элге кандай жардам көрсөтүлүп жатканы жөнүндө Азаттыктын суроолоруна жооп берди.

- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөө болгон айыл кыштактарды толук кыдырып чыктыбы?

- Акыркы маалымат боюнча түштү региону боюнча 1903 үй изилделип чыкты.

- Ошонун канчасы жабыркап, кандай акыбалда турат?

- Алдын ала маалымат боюнча 395 үй авариялык абалда деп алдын ала маалыматтар боюнча өтүп жатат. Анын ичинен негизги жабыр тарткан Карасуу районунун Тогузбулак, Карасөгөт айылы, Ноокат районунун Көкбел, Жарбаш айылдары.

- Ошол 300дөн ашык үй такыр жашоого жараксыз болуп калганбы?

- Ооба, жараксыз болуп калган.

- Аларга кандай жардам берилип атат?

- Азыркы учурда биздин министрликтин адистери жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте материалдык жардам уюштуруп жатабыз. Кечээ күнү Карасуу районунун жабыр тарткан айылдарына 237 палатка жеткирилип берилди. Анын ичинен бирөөсү жылытылган мектеп. Кечээ биздин адистер барып жергиликтүү адистер менен биргеликте орнотуп беришти. Бүгүн 200 электр жылыткычтарын жөнөтөбүз.

- Ош шаарындагы кыйраган үйлөр боюнча, ал жерде эски үйлөр беле, же кандай?

- Негизинен кыйрап жабыр тарткан үйлөр эски үйлөр болуп атат.

- Канча мектеп ошонун ичинде жараксыз болуп турат?

- Акыркы маалымат боюнча 7 мектеп болуп атат.

- Балдар кайда окуйт эми?

- Биз айткандай, бир палатканы Карасөгөт айылына орнотуп жатабыз, ошол жерде окушат балдар. Ош шаарында жана калган айылдарда балдарды жакын арада жайгашкан мектептерге окууга бөлүнөт.

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде масштабдуу жер титирөөлөргө жардам берүүгө каражат, техникасы толугу менен кудурети жетип жатабы?

- Министрликтин каражаты, техникасы толук жетиштүү болууда. Кечээ министр Камчыбек Ташиев бир күндүк иш сапары менен жабыр тарткан айылдарды кыдырып, акыркы рейс менен Бишкекке учуп кетти. Кошумча жардам көрүү чараларын чечет го.

- Жалпы зыяндын суммасы аныкталып жатабы, алдын ала боюнча канча болуп атат?

- Биринчи кезекте биз жабыр тарткан үйлөрдү эсептеп атабыз. Анын суммасы боюнча азырынча цифра жок.

- Маегиңизге ырахмат.

ЖАҢЫ ЖЫЛДА КЫРГЫЗСТАНДА ГАЗ КЫМБАТТАДЫ

Кыргызстанда жаңырган жылда жаратылыш газынын баасы көкөлөдү. Өткөн жылы көгүлтүр отунду Бишкек Өзбекстандан 100 АКШ доллардан алып келсе, жаңырган жылдан тарта 145 доллардан алмай болуп келишимге кол коюшту. Азык-түлүк менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы асмандап жаткан учурда отун-суунун дагы кымбатташы калктын аялуу катмары үчүн кезектеги оор сыноо болуп калды.

Өзбекстандан көгүлтүр отунду сатып алуу жөнүндө "Узтрансгаз" ишканасы менен келишимге "Кыргызгаз" ишканасынын жетекчиси Саламат Айтикеев 29-декабрда кол коюп кайткан. Келишим боюнча Кыргызстан газдын ар бир миң кубометрин 145 АКШ долларынан сатып алмай болду. Жаңы баа боюнча карапайым калкка газ 35 пайызга кымбаттамакчы.

-Былтыр газдын баасы карапайым жарандар үчүн 5 сом жыйырма тыйындан болчу. Быйылкы эсептөөлөр боюнча газдын бир кубометри калк үчүн 7 сом жыйырма тыйын болот. Өнөр жай объектилери жана ишканалары үчүн азыр баа чечиле элек, бирок албетте аларга кымбатыраак болот,-деп билдирди “Азаттыкка” “Кыргызгаз” ишканасынын басма сөз катчысы Айзада Тойгонбаева.

Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда Өзбекстан Кыргызстанга газдын баасын 185 доллардан сунуш кылган. Бирок кыргыз тарап бул абдан кымбат экенин билдирип, аны арзандатуу боюнча бир катар оор сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Акыры 145 доллардан сатып алуу жөнүндө бүтүмгө токтошкон. Жаңы жылдын алдында премьер-министр Игорь Чудинов “Азаттыкка” айткан сөзүндө Кыргызстан сүйлөшкөн газдын баасы башка өлкөлөргө караганда анча кымбат эмес деп билдирген. Мисалга, газга бай Россия өзбек газын 165 доллардан сатып алууга макул болгон.

Байкоочулардын баамында Кыргызстан үчүн көгүлтүр отундун баасын бычуу жогорку саясий жетекчиликтин ортосундагы мамиле-макулдашуулардын натыйжасында чечилген иш болуп калды. Жаңы жылдын алдында президент К. Бакиев Өзбекстандын президенти И. Каримов менен телефон аркылуу байланышып, аны шайлоодо жеңип чыгышы менен куттуктап, бир эле учурда газ маселесин дагы жакшы чечип берүү жагын сүйлөшкөн. "Кыргызгаз" ишканасынын Чүй областтык башкармасынын жетекчиси Канат Исаевдин пикиринде газ маселеси президенттердин сүйлөшүүлөрүнөн кийин оң чечилип отурат.

- Мен ойлойм, ушул мамлекет башчысы сүйлөшкөндөн кийин Өзбекстан тарап 145 доллардан сатууга макул болду. Болбосо бул баага да берет ойлогон эмеспиз,-дейт Канат Исаев.

Былтыр келишим боюнча Кыргызстан Өзбекстандан 850 миллион кубометр газ сатып алган. Быйылкы келишимде газ былтыркыга караганда 100 млн кубометрге аз каралган. Мунун себеби көгүлтүр отунду керектөө өнөр жай ишканаларынын арасында кыскарып жатканына байланыштуу. Анткени, айрым ишканалар отундун башка түрүнө өтүүдө. Бирок калк ичинде газды керектөөнүн көлөмү көбөйбөсө азайган жок.

Анткен менен азык-түлүк жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы асмандап жаткан учурда газдын кымбатташы элге кыйла эле оорчулук алып келери айтылууда. Айрыкча багар-көрөрү жок кары-картаңдар, жумушсуз жарандар кымбатчылыкка кабыргасы кайышып турган чак. Бишкектик пенсионер Мукаш Асанбаев үйбүлөсүндө пенсия алган жалгыз адам, байбичеси мамлекеттен эчтеке албайт. Бир кишинин пенсиясы тамак-ашка, отун-сууга төлөгөнгө караандабай калат. Ошондуктан алар күндүзү көмүр жагып, газды түнкүсүн тоңуп калбайлы деп үлбүрөтүп эле күйгүзүп коюшат экен. Газдын кымбаттап жатканы жөнүндө кабарды Мукаш Асанбаев дагы кабатыр болуп кабыл алды.

- Миң сомдун тегерегинде пенсия алсак, анан ошол тамак-ашка жетеби, газга жетеби же кымбаттап аткан наныңа жетеби, эптеп эле оокат өтмөй да, - дейт Мукаш Асанбаев.

Газ керектөөчүлөрдүн 70 пайыздан ашыгы баш калаа Бишкекте топтолгон. Баш калаада миңден ашык өнөр жай жана коммуналдык-чарбалык ишканалар, 160 миңден ашуун жеке кардарлар газ керектейт. Газ акысына жеңилдик алуучулар 30 категорияга бөлүнгөн. Алардын ичинде 30, 40, 50 жана 100 пайызга чейин жеңилдик алгандар бар. Эң чоң жеңилдик Улуу Ата мекендик согуштун жана ооган согушунун ардагерлери, персоналдык пенсионерлер жана майыптар үчүн каралган. “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчилиги жеңилдиктер быйыл дагы өзгөрүүсүз калат деп билдирүүдө.

Кубат Чекиров, Бишкек

2008-ЖЫЛ КЫРГЫЗ СПОРТУНА ЧОҢ СЫНОО БОЛОТ

Кабыл Макеш, Бишкек Чынында эле 2008-жыл кыргыз спорту үчүн чоң сыноо болгону турат. Быйыл жайында футболдон Европа чемпионаты жана Бээжинде жайкы олимпиадалык оюндар болмокчу.Эгемендүү болгону 3 олимипадага Кыргызстан команда катары катышканы менен бир коло медалдан башка байгелүү орунга жетелек. 2008-жылы Бээжинде боло турган олимпиадага кыргызстандык спортчулар учурда 8 жолдомо гана алышты.

Былтыр жалпы күйөрмандарды сүйүнткөн - футбол боюнча Кыргызстандын төрт жолку чемпиону «Дордой-Динамо» Пакистанда АФКнын «Президенттик кубогун» экинчи ирет жеңип, колдон чыгарбай келгени болгон. Ушул “Дордой” футбол клубунун жетекчилеринин бири Рысбек Мааткабылов маалымдагандай командасы 18- январда Санкт-Петербургда өтүүчү Шериктештер Кубогуна барып, Кыргызстандын намысын коргойт. Бул ирет “С” тобундагы “дордойчулардын” атаандаштары Грузия, Сербия жана Латвиянын чемпиондору болмокчу.

Быйыл дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган Кытайдын ордо калаасы Бээжинде жайкы олимпиадалык оюндарга жолдомо алуучу Гран-при мелдештери, Азия, дүйнө чемпионаттарына кыргызстандыктар катышууга дилгир.

Былтыр май айында Кыргызстандын тарыхында алгач ирет Бишкекте өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар грек-рим күрөшүнөн 2 алтын, 3 коло байгелүү болуп жана эркин күрөшүнөн да 2 алтын медаль утуп, командалык экинчи орунду ээлеген. Быйыл мартта Түштүк Кореяда өтчү Азия чемпионатында баш байге ээси болуп, алтын медаль уткан балбандарга гана Бээжин олмипиадасына жолдомо ыйгарылат.

Ошондуктан былтыр Бакуда болгон дүйнө чемпионатында олимпиадага жолдомо албай калган Азия чемпиондору Канат Бегалиев менен Данияр Көбөнов жана Азия чемпионатында үчүнчү орунду ээлеген балбандар Жанарбек Кенжеев, Руслан Түмөнбаев жана Нурбек Ибраимов баш болгон жигиттер Бээжинге жолдомо алууга азыртан даярдык көрүүдө.

Жыл жаңыргандагы максаттары тууралуу Азиянын эки чемпиону, Азия оюндарынын күмүш байге ээси Данияр Көбөнов мындай деди.

Былтыр эркин күрөш боюнча Бишкекте Азия чемпиону аталып, Бакуда өткөн дүйнө чемпионатында коло байгелүү болгон Базар Базаргуриев Бээжин олимпиадасына жолу ачылып, жолдомосу колуда.

Ошондой эле Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынган Азия оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Алексей Крупняков да былтыр Бакудагы дүйнө чемпионатында Бээжин олимпиадасыга жолдомо утуп алып, учурда даярданууда.

Былтыр кыргызстандык суучулдар ийгилик жарата алышты. Өлкөнүн тарыхында бишкектик Юрий Захаров Азия чемпиону аталса, Василий Данилов Макаодо имарат ичиндеги 2-Азия оюндарында күмүш жана коло байге утуп келген. Экөө тең Бээжин олимпиадасына жолдомо алышып, даярдык көрүп жатышат.

Кыргызстан чоң ийгиликтерге жетпей калуунун себептерин жана Бээжин олимпиадасына учурда 8 жолдомо алганын улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов спортчулардын даярдыгы чийки болгону менен түшүндүрдү. Анын пикиринде спортко болгон мамилени өзгөртүп, дүйнөлүк ыргактан калышпай жаңы тажрыйбаларды колдонуу зарыл.

14-Азия оюндарында чемпион, Азиянын көп жолку чемпиону Татьяна Ефименко былтыр да Азия чемпиону аталуу менен Бээжин олимпиадасына жолдомо алды.
Ошондой эле мерген Руслан Исмаилов да Бээжин олимпиадасына баруу укугуна ээ болду.

Өткөн жылдын декабрында таэквондо боюнча Вьетнамда өткөн Гран-при мелдешинде күмүш байгелүү болгон Расул Абдураим да Кытайдын борборунда боло турган олимпиадалык таймашууда өлкө намысын коргойт.

Төрт ирет удаасы менен Азия оюндарында мөрөй алган велоспортчу Евгений Ваккер өткөн жылы да Азия чемпионатында алтын байгелүү болуп, дүйнө биринчилигинде коло медаль тагынуу менен Бээжин олимпиадасына жолу ачылды.

Өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти, улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов Бээжин олимпиадасына мурдакыдай чиновниктер жана ишкерлер турист катары гана барууга шарты болоорун, олимпиадалык делегацияга спортчулар, машыктыруучулар гана кирээрин айтуу менен өз пикирин билдирди:

-Бээжин олимпиадасына жолдомо алган велоспортчу Евгений Ваккер Кыргызстанда эмес, Германияда жашап, германиялык клубда машыгат. Ваккерге рахмат! Бирок ал Кыргызстандын намысын биринчи кезекте өзүнүн туулуп өскөн өлкөсүнө болгон патриоттуулугунан эмес, эларалык чоң-чоң мелдештерге, дүйнөлүк чемпионат менен Олимпиадалык оюндарга катышыш үчүн коргоп жүрөбү деген да ой келет. Себеби, Германия курама командасына ал мүчө боло албайт, анткени ал жакта андан күчтүү спортсмендер жүздөп саналат. Азия чемпиону Татьяна Ефименко да жыл сайын эле спорткомитети жакшы көңүл бөлбөй жатканын айтып келет. Айласы кеткенде быйылкы жылы дээрлик толугу менен чет өлкөлөрдө машыгып, ошол жакта мелдештерге катышып, акыркы айларда Кувейтте, Катарда машыгып жүрдү (эми тренери И.Паклин да Кувейт менен контрагын улантыптыр). Ошондой эле Базар Базаргуриев менен Алексей Крупняков да орусиялык спортчулар, өз өлкөсүндө курама командага илинбей биз үчүн күрөшүп жүрөт. Демек, ал жеңиштерде биздин спорткомитеттин, өкмөттүн салымы канчалык? Айтуу кыйын. Эми бул эмнени билдирет?.. Бул биздин Кыргызстанда жакшылап машыгууга, шарт начар экендигин билдирет.

Өлкөнүн спорт адистеринин айтымында 2008- жылы кыргыз спортчулары күйөрмандарынын үмүтү актоого аракет кылуусу зарыл. Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директору Касымкул Оболбековдун айтымында жаңырган 2008- жыл кыргыз спортчулары үчүн өтө жооптуу. Себеби быйыл жайында Бээжин олимпиадасынын таймашууларында кыргыз спортчулары күйөрмандарынын үмүтү актоого аракет кылуусу зарыл.

-Биринчи кезекте өз жерибизде спортчуларга шарт түзүп бериш керек. Ал эми күрөштөгү калган медалдар кыргыздын менталитетине (күрөшкө жакындыгы) байланыштуу деп ойлойм. Эгерде балбандарыбызга жакшылап көңүл бурулса мүмкүн алтын медалга деле ээ болмокпуз.

2007-жылдын аягында дене тарбия жана спортту координациялоо боюнча улуттук кеңеш тузүлүп, төрагалык тизгинди президент Курманбек Бакиев өзү колго алып, Бээжин олимпиадасына даярдык көрүүнү көзөмөлгө алмак болду.

Кыргыз спортунун чыныгы жүзүн, чама- чаркын быйыл Бээжинде боло турган жайкы олимпиадалык оюндар таразалап койгону турат. Мындан сырткары өлкөдө эл аралык Ысыккөл оюндары, улуттук спорт түрлөрү боюнча “ Улуу Манас оюндары” жана башка ондогон мелдештер болмокчу.

КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ КОНСТРУКТИВДҮҮ ОППОЗИЦИЯ СУНУШУН УГАБЫ?

Кыргызстандагы жүздөн ашуун саясий партиялардын ичинен “Эркиндик” жана “Социал-демократтар” партиялары бийликке конструктивдүү оппозициядагы партия болорун жарыя кылышты. Партия лидерлеринин айтымында, буга мамлекеттик башкаруу саясаты менен парламенттик шайлоодон кийинки кырдаал түрткү болду. Аталган партиялар бийликке конструктивдүү кандай сунуштарды бере алат?

Башында Топчубек Тургуналиев турган “Эркиндик” партиясы азыркы кыргыз бийлигине конструктивдүү оппозициядагы партия болуу чечимин өткөн жылдын 22-декабрындагы жыйынында кабыл алды. Ага чейин “Социал-демократтар” да ушундай багытта болорун аталган партиянын төрагасынын орун басары Өмүрбек Бабанов билдирген болчу.

“Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин айтымында, партиянын мындай багытка бет алышына мамлекетти башкаруу саясатынын ыраатсыздыгы, бийлик бутактарынын бири-бирине көз карандылыгы, мамлекеттин келечеги үчүн кам көргөн чыныгы башкаруучулардын жоктугу жана чыныгы оппозициянын калыптанбагандыгы башкы себеп болду. Ушундан улам “Эркиндик” партиясы алды менен төрт багыттан турган конструктивдүү сунушун бийликке жолдойт:

- Биринчи кезекте мамлекетти башкаруу үчүн үч улуу сапаттагы адамдарды алып керек. Алар- ыйманы таза, чыныгы профессионал, иш билги реформаторлор жана элим-журтум деген патриоттор. Мындайлар бүгүнкү бийликте жокко эсе. Экинчиси-16-декабрдагыдай ыплас шайлоо буга чейин Кыргызстанда болгон эмес. Ошондуктан, мындай шайлоону биз эч качан моюнга албайбыз. Жогорку Кеңеш жараксыз болуп калды. Ал эми сот бийлиги болсо аткаруу бийлигинен, мыйзам чыгаруу бийлигинен түздөн-түз көз каранды. Андан тышкары өлкөнүн өндүрүш тармагын тезинен кайра калыбына келтирип, миллиондогон жумушчу орундарын түзүү зарыл. Мындай кадамдарды жасоо үчүн мамлекеттик башкарууну түп-тамырынан бери оңдош керек. Ал үчүн мамлекеттик башкаруунун философиясын-Конституцияны түп-тамырынан баштап оңдоо зарыл.

Топчубек Тургуналиев анткен менен азыркы бийлик мындай сунуштарды эске алат деп ишенбейт. Буга президент менен өкмөт анын буга чейин айткан сунуш-пикирлерин, айрыкча кадр саясаты жаатындагы ойлорун эске албагандыгы башкы себеп. Ошондуктан, ал партия, коомдук уюмдардын сунушун бийлик эске албаса акыры эл чыдай албай калышы ажеп эмес:

-Бийлик аны угуп, эске алат деген ишеним жок. Бирок бийликке сунуш кылабыз. Андан кийин таянганыбыз эл болот. Бийлик эч кимдин сунушун укпаса революцияны ишке ашырган, рухунан жанбай турган элибиз көпкө чыдай албайт. Анда биз эл менен бирге болобуз дагы өкмөттү мөөнөтүнөн мурда кетирүү, Жогорку Кеңешти таркатуу талабын коебуз. ,- деп баса белгиледи.

Оппозициядагы “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Нуржамал Байболова болсо кыргыз бийлиги эч кандай конструктивдүү жа радикал оппозициянын сунуш-талаптарын эске албайт деген бекем ишенимде:

- Себеби, азыркы бийлик айтканы айткандай, дегени дегендей болот деген пикирде турат. Бийликтин кетирген эң чоң кемчилиги-оппозицияны көчөгө түртүп чыгарып, өнүккөн мамлекеттердин парламентиндегидей болуп, оппозицияны парламент ичинде талаш-тартышуудан ажыраткандыгы болду. Конструктивдүү болобу же башкача болобу, бир дагы сынды азыркы бийлик уккусу келбейт.

Ал эми президент Курманбек Бакиев 13-декабрда коомчулук менен түз эфирдеги баарлашуусунда конструктивдүү оппозициянын сунуштарын угууга даяр жана ага ыраазы болорун билдирип, мамлекеттик бийликке ээ болууну гана көксөгөн оппозицияны тааныбай тургандыгын жашырган эмес:

- Оппозиция өнүккөн мамлекеттердегидей конструктивдүү болуш керек. Ал өзүнүн көмүскө кабинетин түзүп алып, “урматтуу өкмөт мобул маселени туура эмес чечип жатасыңар, биз момундай жолду сунуш кылабыз” деген оппозицияны мен тааныйм. Ушундай оппозиция мамлекетке да, калкка да мыкты салым кошот. Андай оппозицияны колдоо гана керек. Ал эми “баарынар кеткиле, биз келебиз” деп, элди конституциялык төңкөрүшкө чакырып, бийликти тартып алууну гана каалаган оппозиция эмне деген оппозиция? Демек, мен дайыма конструктивдүү гана оппозицияны колдойм.-деген К.Бакиев.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун баамында, оппозиция менен бийликтин ортосундагы түшүнүү болооруна азырынча ишеним жок. Себеби, азыр өлкөнүн өнүгүү келечеги үчүн кам көргөн чыныгы оппозиция да, бийлик өкүлдөрү да жок. Буга бийликтин бир бутагы болгон парламентте көз карандысыздык жоюлуп, жетеленме парламенттин түзүлгөндөгү башкы өбөлгө. Ошондуктан азыр ишке ашуу жолу бүдөмүк сунуштардан көрө абалды аңдап таануу жана бийликтин алын салмактоо зарыл:

- Бүгүн эмоция менен жашоого болбойт. Азыр бизге бүгүнкү акыбалдын анализи керек. Ушуну эл өзү түшүнүп, кандай бийлик менен жашап жаткандыгын такташы керек. Ошону терең түшүнсөк бир жол табылат. Бирок, азыр жалпы элдин мүдөөсүн көтөргөн, жалпы элдин ишенимине арзыган оппозиция болбой жатпайбы. Туура айткандар көп, бирок аркасында күч жок. Акыркы референдум жана шайлоодон кийин бийликке да ишеним болбой калды.

КАРАСУУ РАЙОНУНДА ТӨРТ ИРЕТ ЖЕР ТИТИРЕГЕН

Жаңы жылдын алгачкы күнүн жана түнүн Карасуу районунун 300дөн ашуун тургуну кыш ызгаарында чатырларда жана эшикте тосушту. Жабыр тартуучулар жергиликтүү бийлик басып келип кабар алганга жарабагандыгына нааразыланышса, облус жана республика чоңдору жер дагы титирей тургандыгын айтып чочутушту.

Өзгөчө кырдаал министрлигинин маалыматына караганда, жаңы жылдын алгачкы күнү жана 1-январдан экисине караган түнү да жер төрт ирет титиреген. Термелүүнүн эпицентри Ош шаарынан 25-30 чакырым алыс жайгашкан Карасуу районунун Лаңгар кыштагында да катталган. Силкинүү 5,5-6 баллды чапчыган.

Лаңгар айылынын башчысы Кубатбек Маликовдун айтымында, кыштактагы 310 кожолуктун 90 пайызынын үйү жашоого жараксыз. Бирок, кырсыкка кабылып олтургандардан район жетекчилери таптакыр кабар албай койгондугун, өзгөчө кырдаал министрлиги таңгамаал жөнөткөн 30 чакты чатырды пайдаланууга таптакыр мүмкүн эместигин «Азатыкка» маалымдады.

- Азыр келип текшерип кетишти. Көчүрөлү десек бардыгы мал-салы менен жашайт. Ошондуктан биринчи кезекте кышта бизге палатка менен келиши керек, бозүй болсо андан жакшы болмок. Биз өкмөттөн ушуга окшогон жардамдарды сурайбыз, - дейт Кубатбек Маликов.

Айыл башынын кебин Лаңгардагы Жумабай Култаев атындагы орто мектептин директору Райла Жээналиева да бышыктап, агартуу мекемеси былтыкы декабрдагы жана быйылкы январдагы кырсыктан катуу жабыр тарткандыгын баса белгилеп, каникулду узартпаса, же жылуу чатыр менен камсыз этилбесе, ата-энелер балдарын окутпай тургандыгын билдирди.

- Мен 500 окуучуну ушул жерге алып келип окутуудан корком. Ата-энелер да макул болбой атышат, биз балдарыбыздын өмүрүнө коркунуч келишинен кепилдик бере албайбыз, ошон үчүн мектепке жибербейбиз деп жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен келип текшерип кетишти, бирок азырынча так жыйынтык чыгара элек, - ушинтти Райла Жээналиева.

Лаңгар айылын 1-январь түнү кыдырып жүргөн маалында Ош облус губернатору Аалы Азимовду кепке тартканыбызда, чындап эле лаңгарлыктар көңүл сыртында калып кеткендигин моюндады. Ошол эле учурда алардын тагдыры Президент Курманбек Бакиевдин жеке көзөмөлүндө тургандыгын айтты.

- Эң негизгиси эл тынч. Бирок кураган үйлөр бар. Азыр өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, архитектуранын адситери үймө үй жүрүп баасын берип атат. Мунун баары тең биздин президентибиз Курманбек Бакиевдин түз көзөмөлүндө болуп атат. Ошол кишинин тапшырмасы менен биз кыдырып элдин ал-акыбалын сурап жүрүп атабыз.

Губернатор Аалы Карашев жабыр тарткан айылдарга тагылган облустун жанга райондун аткаминерлери түнөп иштээрин кошумчалады.

Ал эми атайы Ошко келип жер титирөөнүн эпицентринин бири Лаңгар кыштагын көрбөй кеткен өзгөчө кырдаал министри Камчыбек Ташиев түштүктөгү акыркы кырдаал боюнча буларды «Азаттыкка» маалымдап, жер дагы титирей тургандыгын эскертти.

- Эң башкысы адамдык жоготуулар жок. Бүгүнкү күндөгү маалымат боюнча 200гө жакын жеке үйлөр жана Ош шаарындагы 6 кабаттуу үй ураган. Бардыгы болуп 300гө жакын үй-бүлө үйсүз калып атат. Алдыдагы жер титирөөлөр чоң күчтө болобу, же аз күчтө болобу биз алдын ала айтууга мүмкүнчүлүгүбүз жок, - деди Камчыбек Ташиев.

КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫКТАР ХРОНИКАСЫ

Жаңы жылдын алгачы күндөрү өлкөнүн аймагында саясый өңүттөгү акция, жөө жүрүштөр катталган эмес. Бирок милиция тарабынан жүзгө жакын кылмыштын бети ачылган. Айрым маалымат агентиктери билдиргендей “жол кырсыгынан 6 адам каза болду” деп элди дүрбөлөңгө салган кабар так эмес дешет МАИ кызматкерлери. Жаңы жылдык шаан-шөкөт учурунда жана электр жабдууларынан 10 өрт кырсыгы болгон. Ош облусунда 100 кг баңгизаты чекарадан табылды.

Жаңы жылда ички иштер кызматы күчөтүлгөн режимде иштеди. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси, милициянын полковниги Бакыт Сейитовдун айтымында жаңы жылдын алгачкы күнүндө саясый өңүттөгү жүрүштөр, митинг- жыйындар болгон жок. Өлкө аймагында оор кылмыштар да катталган эмес, бирок милиция кызматкерлери тарабынан жүзгө жакын кылмыштын бети ачылып, кылмышка шектүүлөр кармалган.

Өлкөнүн ички иштер министрлигинин МАИ башкармасынын кызматкери Замирбек Кенжекараевдин маалыматы боюнча 1-январда өлкө боюнча алты жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1 адамдын өмүрү кыйылып, 8 адам жаракат алышкан.

“Айрым маалымат агентиктери билдиргендей 1-январда 6 адам жол кырсыгынан каза болду деген маалымат чындыкка жатпайт. Алар жаңы жылдын алдындагы же декабрдын аягындагы жол кырсыктарын кошуп жазып коюшуп, элди дүрбөтүп жатышат”- дейт Замирбек Кенжекараев.

Чүй облусунун Токмок шаарында “Берекет” кафесинде коркутуу, тоноо фактысы катталып, алты кыргыз жигит бычак көрсөтүп “Мерседес-220” үлгүсүндөгү автоунааны ээсинен тартып алышып, уруп- согуп, чөнтөк телефонун да алып кетишкен. Бул кылмыш боюнча да издөө жүрүп жатканын ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

1-январь күнү Токмок шаардык ооруканага кежигесинен бычак менен жарадар болуп, кансыраган 21 жаштагы атуул оор абалда жеткирилген. Бул кылмышка шектүү 18 жаштагы жигит кармалганын милиция кызматкерлери маалымдады.

Кышкы тайгалакта жол эрежелерин сактабагандыктан кырсыкка кабылгандар да болууда. Бишкектин четиндеги Пригородный айылында 36 жаштагы бишкектик айдоочу “Фольксваген-Вента” үлгүсүндөгү автоунаасы менен азиат улутундагы 40 жаштагы адамды коюп кетип, жабыркаган адам ошол жерден жан берген. Мына ушундай жол кырсыктарынын айынан өткөн жылы 1158 адамдын өмүрү кыйылганын МАИ башкармасынын жетекчисинин орун басары Болот Борбиев билдирди.

Жаңы жылдын алгачы күндөрү өлкөнүн айрым тургундарынын чөнтөк телефондорун күч колдонуу менен тартып алуу, жула качуу фактылары да катталган.

Ошондой эле жаңы жылды тосуу шаан-шөкөтү учурунда балатыдан же фейерверк жардыруудан жана электр жабдууларынан 10 өрт кырсыгы катталганын Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бишкекте Элет чолок көчөсүндөгү үй ээлери жаңы жылда кызуу абалында электр жылыткычын кароосуз калтырышып, натыйжада өрт чыгып, кыш күрөөдө үйсүз калышты.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча өткөн жылы өлкөдө 45 миң 558 кылмыштын бети ачылган. 5 миң 32 кылмыш изи сууй электе ачылып, кылмышка шектүүлөр кармалган. Баңгизат менен бизнес кылган 1571 адам кармалган.

Ошондой эле өткөн жылы 485 адам өз өмүрүн өзү кыйып, 688 кырсык катталып, 224 өрт кырсыгы болгон.

ИИМдин маалыматына караганда өткөн жылы өлкө аймагында 426 митинг, жөө жүрүш катталган.

ЖАЛАЛАБАТТА ОТУН-СУУ КЫМБАТ

Отун-көмүрдүн кымбаттагандыгынан Жалалабат облусундагы жарандар аларды сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү болбоду. Ошондуктан электр жарыгына күч келүүдө. Облустук бийлик болсо, калк кышка карата жакшы даярдан деп эсептейт.

Кыштын мурдагы жылдардагыдан суук келиши облус тургундарын бушайманга салууда. Анткени, баалардын өсүүсү менен отун-көмүрдүн өздүк наркы да былтыркыдан кыйла кымбат болуп, маянасы күнүмдүк жашоого жетпеген жарандар аларды сатып алууга каруусу жетпей, аргасыздан электр жарыгына күч келтирүүдө. Кыш чилдесинде айрыкча көп бүлөөлүү жана айлыгы аз, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар менен кары-картандар, пенсиясы менен жөлөк пулу күнүмдүк жашоого жетпеген кишилер кыйналууда.

Жалалабат шаарынын тургуну Самидин Стамбековдун айтымында баалардын өсүүсүнөн бир машина отундун баасы 5 миң, ал эми көмүрдүн баасы 15 миң сомдон ашып, ага каражаты жетпегендер көмүрдү кабына 150-180 сомдон сатып алууга аргасыз болушууда:

- Жалалабатта күн ысык болуп турганда көмүрдүн кабы 150 сом, былтыр кыштын чилдесинде бир кап көмүр 120 сом болгон. Бир машина көмүр 5 тонна чыгат 15 миң сом. Бир машина отун 5 миң сом болуп атат.

Облустун тоолуу райондорунда жашагандар токой жана жапайы дарактарды кыркып келип жагышууда. Жашоонун айынан сейрек кездешүүчү жаңгак жана мисте дарактары да отун үчүн кыйылып кеткен учурлары аз эмес. Көмүр казылып алынган Ташкөмүр жана Көкжаңгак шаарларынан ыраак турган тоолуу аймактарга жеткирилген көмүрдүн баасы жол кирелери кошулуп кыйла акчага турат. Ошондуктан облус тургуну Узакбай Маматкуловдун пикирине ылайык электр жарыгын уурдап жагуу кыш чилдесинде ого бетер көбөйө баштады:

- Бүгүнкү күндө сууктун келиши катуу болду. Азыр көп үй-бүлөлөр сууктун мындай келишине даяр эмес болчу. Бир ишенгенибиз электр энергия. Бул дагы 62 тыйынга көтөрүлүп кетип, эл алапасын таппай аткан учур. Ар кандай жол менен электр жарыгын уурдап, эптеп бала-чаканы сактап атышат.

Анын пикирин Сузак районундагы тоо айылында жашаган Кылычбек Маматаев да ырастады. Элет жерлеринде жаңы жылдан тарта жаңы баалар кошулары күтүлүп жаткан табийгый газ болбогону менен баасы кымбат болсо да электр жарыгы менен жылынууга болот:

- Отун-көмүр менен эл камсыз болгон жок, көбү эле электр жарыгы менен тиричилик кылып атышат.

Бирок, облустук бийликтен алынган маалыматка караганда жергиликтүү калк зарыл отун-көмүр менен камсыз болду. Саламататтык сактоо жана элге билим берүү жайларына отун-көмүр жетиштүү өлчөмдө жеткирилип, жылуулук жабдуулары толук иштөөдө.

- Калк тарабынан 51400 тонна көмүр, жалпысынан алганда облус боюнча 60800 тонна көмүр-отун камдоо тапшырмасы болгон эле. Бүгүнкү күндө бул тапшырма толук аткарылып бүттү. Саламаттык сактоо тармагында кичине кыйынчылык болгон. Себеби бюджеттен акча каражат бөлүнгөндө 2 жарым миң сомдун тегерегинде каралган эле, бирок көмүрдүн баасы 4 миң сомго чейин кымбаттап кеткенинен болду. Бирок бул дагы чечилди, - деген маалыматын билдирди облбийликтин бөлүм башчысы Ажимамат Исаев.

3-ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Пулатхан баштаган кыргыздардын көтөрүлүшүнө каршы жасалган жазалоочу отряд 1876-жылдын 3-январында Мусулманкуларык кыштагына багыт алышкан. Кыргызстан Конституциясына жасалган кезектеги өзгөртүү-түзөтүүлөр 2003-жылдын 3-январында соңуна чыкты.

Пулатхан баштаган кыргыздардын көтөрүлүшүнө каршы жасалган генерал-майор М. Д. Скобелевдин жазалоочу отряды козголоңду 12 күн ичинде талкалоону пландашкан. Полковник Меллер-Закомельский баштаган жазалоочу отрядга полковник Пичугиндин отряды кошулуп, 1876-жылдын -январында алар Мирабад жана Мусулманкуларык кыштагына багыт алышкан. Бу жерден алар 1876-жылдын 3-январында генерал-майор М. Д. Скобелев жетектеген негизги күчкө кошулушкан.

Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири Абдыкерим Сыдыков 1933-жылдын май айында «эл душманы» деген жалган жалаа менен камакка алынып, ОГПУ сурагынан өткөн. А. Сыдыковго Социал-Туран партиясынын анабашчысы, совет өкмөтүнө каршы күрөшкөн күчтөрдүн уюштуруучусу сыяктуу айып коюлган. Адам чыдагыз шартта жасалган сурактан улам ал коюлган күнөөнү мойнуна алууга аргасыз болгон. Ташкент шаарында сурак жүргүзгөн ООСАВО начальниги П. П. Загвоздин, 1934-жылдын 3-январынан тарта А. Сыдыковго карата айыптоо жыйынтыгын жазып баштаган.

Кыргызстан Конституциясына жасалган кезектеги өзгөртүү-түзөтүүлөр 2003-жылдын 3-январында соңуна чыкты. Президент Аскар Акаевдин Конституция боюнча айтылган сунуштарды иреттөө ишин 15 адамдан турган эксперттик топко тапшырышы коомчулукта, айрыкча оппозиция арасында кескин нааразычылык жаратты. Алар экспертик топ башмыйзамды каалагандай калчап, бийлик эңсеген талаптарды Конституцияга кошоорун белгилешти.
Кыргызстан өкмөтү 2004-жылдын бу күнү чакан авиацияны өнүктүрүү туурасында токтом кабыл алды. Токтомдо каралгандай «Бишкек» эркин экономикалык аймагында А-27М үлгүдөгү чакан самолеттордо чыгаруу, аны экспортто жагдайы белгиленген.
2005-жылдын 3-январында кыргыз искусствосу оор жоготууга учурады. Бу күнү ондогон кино жана театрдык ролдордун ажарын ачкан 72 жаштагы кыргыз эл артисти Орозбек Кутманалиевдин жүрөгү согуудан калды.

Бул күнү 1871-жылы Генри Брэдли маргарин майын патенттеп, б. з. ч. 106-жылы римдик саясий ишмер, ашкере чечен Марк Туллий Цицерон, 1777-жылы француз математиги Луи Пуапсо, 1883-жылы англис саясатчысы Клемент Эттли, 1892-жылы англис жазуучусу Джон Толкиен, 1950-жылы Формула-1 автожарыштын дүйнө чемпиону Михаил Шумахер жарык дүйнөгө келген.

ОШТО БИР СУТКАДА БЕШ ЖОЛУ ЖЕР ТИТИРЕДИ

Ош облусунда кечээки жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу чаралары көрүлүп, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү иштери жүрүүдө. Кырсыктан кийинки абал жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу бүгүн өкмөт башчы Игорь Чудинов өлкө башчысына маалымат берди. Соңку маалыматтарга караганда, зилзаладан 167 үй, 6 мектеп жараксыз абалга келген.

Белгилүү болгондой 31-декабрдан 1-январга оогон түнү Ош облусунун Ноокат, Араван, Карасуу райондорунун аймагында күчү 5,5-6 баллга жеткен зилзала болгон. Соңку маалыматтарга караганда бул табият кырсыгынан Ош облусунда 167 үй жашоого жараксыз абалга келип, үч мектеп катуу жапа чеккен. Ошондой эле 267 үй-бүлө көчүрүүгө муктаж. Бактыга жараша зилзала адам өмүрүнө зыян алып келген эмес. Бул тууралуу өкмөт башчы Игорь Чудинов бүгүн өлкө башчысы Курманбек Бакиевге маалымат бергенин президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Өлкө башчысы болсо өкмөт башчыга зилзала болгон жерге биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевди жөнөтүүнү жана жабыр тарткандарга тез арада жардам көрсөтүүнү тапшырган.

Оштогу кабарчыбыздын айтымында, жер титирөөнүн минтип кайра-кайра кайталанышы жергиликтүү калкты бир топ бейпайга салып койду. Зилзала очокторунун бири делген Карасуунун Лангар айылынын тургуну Пазыл Самудинов айылдын калкы оор абалда калганын айтат:

- Абалыбыз оор, эми кудай сактасын, кайра кайталанбасын деп отурабыз. Үйлөрүбүздөн жарака кетип, кыйналып жатабыз. Азыр текшерүү жүрүп жатат. Өкмөттөн жардам болсо, жер берсе башка үй салып алсак деп турабыз. Азырынча чатыр же башка жардамдар келгенин уга элекпиз.

Түштүк аймактарында жер титирөө кайталанышы мүмкүндүгүн адистер да болжошуп, жергиликтүү калк мындай учурга даяр турганы оң экендигин айтышууда. Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институнун башчысы Канат Абдрахматов жер титирөөнүн качан болушу тууралуу так маалымат айтуу мүмкүн эместигин, бирок кыш айларында зилзала кайталанышы ыктымалдыгын айтат:

- Биздин божомолдорго караганда, быйыл Ош, Жалалабат аймактарынын тескей жагында жер титирөө болушу мүмкүн. Божомолдор боюнча январь-февраль айларында күчү 6-7 баллга чейин жер титирөө болушу мүмкүн. Албетте, бул так маалымат эмес, бирок эл мындай кырсыкка даяр турганы оң. Эскертүү иретиндеги мындай маалыматтарды биз чукул кырдаалдар министрлигине бердик.

Жер титирөөдөн кийинки абалды Ош облустук бийлиги да бүгүнкү жыйынында талкуулап, анын натыйжасында чукул кырдаалдар боюнча облустук комиссия түзүлдү. Аталган комиссиянын жетекчилигине дайындалган облус губернаторунун биринчи орун басары Айтмамат Кадырбаев кырдаал азыр көзөмөлдө экенин, жабыр тарткандарга гуманитардык жардамдар көрсөтүлө баштаганын билдирди:

- Бир сутканын ичинде беш жолу жер титирөө болду. Азыр кырдаал көзөмөлдө, соңку эсептөөлөр боюнча 6 мектеп жараксыз деп табылды. Кырсыктын кесепеттерин аныктоо боюнча тиешелүү адистер иштеп жатышат.

Губернатор орун басарынын айтымында, жер титирөөнүн кесепеттери боюнча толукталган маалыматтар эртен белгилүү болмокчу.

ЖЫЛДА ЖЫЛАН ЖЕП КОЕТ…

Мурдагы жылдарга салыштырмалуу өткөн жылы Кыргызстан экономикасында кадыресе өсүү байкалды. Бирок да өкмөт азык-түлүк, кыймылсыз мүлктүн кымбатташын учурунда байкап, инфляция тизгинин тарта алган жок. Товар өндүрүшү жок акчанын көбөйүшү инфляциянын тез-тез күчөп турушуна өбөлгө түзөт. Өкмөт менен Улуттук банктын Кыргызстан экономикасы туш келген калтыс абалдын кайталанышына бөгөт койчу орток программасы иштелип чыга элек.

2006-жылга салыштырмалуу өткөн жылы Кыргызстан экономикасында кадыресе өнүгүш байкалды. Ички дүң продукт көлөмү 8% ашарын жыл башында эле болжолдонгон. Аны айрым статистикалык көрсөткүчтөр деле тастыктап бере алат. Маселен, 9 айда ИДП көлөмү жыл башында болжолдогон чекке жетти. Өнөр жай өндүрүшү «Кумтөрдү» кошпогондо 9,5% арбыды. Ал эми курулушта өсүш 23% чыкты. Бюджеттин чыгашасынан кирешеси көбөйүп, ашып калган акча 2,2 миллиард сомго жеткени маалымдалды.

Анткен менен инфляциянын күчөп кетиши өлкө экономикасындагы жагдайдын кандайлыгын ачык көрсөткөн көрүнүш болду. Кыргызстандын Каржы министрлигинин тышкы карыздар жана активдер башкармалыгынын жетекчиси Эрнис Абдыразаковдун пикиринде, инфляция акчанын опсуз көбөйүп кетишинен чыкты.

- Акча көбөйүп, анан түзүмдүн бир жеринен эле токтоп калса, бүттү, инфляция башталат. Мына, мисалы, кишинин организмин алалы, бөйрөгү жакшы иштеп, боору иштебесе, адам тамакты жакшы жей албай калат го. Биздин экономика да ошондой болуп жатат, акча көп болуп, экономика аны сиңире албай жатат.

2007-жылы инфляция деңгээли өкмөт алдын-ала болжол кылган 5 – 10% итапкан ашып, 9 айдан соң 20% чапчып, соода балансындагы ажырым 1260,2 миллион долларга жетти. Парламенттин мурдагы депутаты Темир Сариевдин ырасташынча, өкмөттүн кысталыш жагдайдан кантип чыга турган айкын программасы жок болчу.

- Эч кандай жаңы экономикалык саясаты жок. Мына үч жылдан бери жаңы Салык кодексин кабыл алып, экономиканы ичтен жандандыруу аракетин жасап, коррупция менен чындап күрөшсө ошондо кандайдыр бир кыймыл-аракет болуп, жылыш байкалмак. Каржы министрлиги менен Улyттук банктын биргелешкен акча-кредит саясаты болуш керек. Андай саясат жок. Чынын айтыш керек, бизге тикелей инвестиция келген жок. Сактап келаткан нерсебиз – сыртта иштеп жүргөн мигранттар. Ошол 1,5 миллиардка жакын доллар акчаны киргизип жатат.

Экономика жагдайындагы абалдын анчалык жакшы эместигин Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү социалдык проблема – жыл сайын өлкөдөн көчүп кеткендердин санынын арбып баратышы деле эскертип туру. Статистикага кайрылалы: өткөн жылдын 9 айында Кыргызстанда башка жактарга көчүп кеткендердин саны 48 миң кишиге жетти, бул жакка 3200 киши көчүп келген. Мурдагы жылы 23,4 миң киши көчүп кеткен. Антип өлкөсүнөн көчүп кеткендердин саны жыл сайын 20 миңден көбөйүп олтурса өлкөнүн эртеңкиси кандай болот, суроосу өзүнөн-өзү чыгары турулуу иш. Профессор Айылчы Сарыбаевдин ырасташынча, Кыргызстан экономикасынын кендирин кескен маселе коррупциянын чайлап-коолап кетиши болууда.

- Чындыгында биздин 70-80% экономикабыз көмүскөдө. Сырттан товардын көбү аткезчилик менен келип-кетет. Республиканын ичинде канча акча жүгүртүлөт, аны тактап, аныктаган киши жок. Коррупциянын гүлдөп-өнүгүшүнүн эң негизги жыйынтыгы деп баалардын өсүшүн, инфляцияны көрсөтсө болот.

2005-жылдан бери жакшы оңоло албай келаткан Кыргызстан экономикасы инфляция тоскоолуна кабылып, ушу тапта И.Чудиновдун эски-жаңы өкмөтү калтыс абалдан кантип чыгуунун амалын издеп отурган кези. Адистердин айтуусунда, сыртка товар чыгаруудан чет жерден товар ташып келүүнүн көлөмү өтөле көп болуп, коррупцияга каршы күрөш сөз дайрасында калкыбастан, «көмүскө экономиканы» коңулдан чындап чыгаруу аракети жасалмайын кескин өнүгүү тууралуу кеп кылбай деле койгон оң.

“МАДАНИЯТТЫН 100 ДОЛБООРУ” КАНДАЙ АТКАРЫЛДЫ?

Маданият министрлиги 2007-жылы маданият тармагында 100 долбоорду ишке ашыруу демилгеси менен чыккан эле. Бул аракеттен кандай натыйжа болгондугу тууралуу кызыгып, “Азаттык” маданият министри Султан Раевди кепке чакырган болчу.

-Маданият министрлиги өтүп бараткан жылы 100 долбоорду ишке ашыруу демилгеси менен чыкты эле. Ал долбоорлор кандай аткарылды?

- Маданият министрлиги “100 маданий долбоор” деген демилге менен чыктык эле. Негизинен бардыгы толук аткарылды. Бул 100 долбоорду бир жылда эле аткарып, ошону менен болду деген эмес. Муну биз ошол долбоорлордун эң мыктыларын, элге керектүүсүн өзүнчө бир системага салалы деп атабыз. Себеби көп жылдан бери маданият дымып калган эле. Эң негизги максаты маданиятты активдештиришибиз керек эле. Ошондуктан бул долбоорлорду көтөрүп чыкканбыз. Эми биз азыр маданияттын фундаменталдык маселелери, мыйзамдык базасы жөнүндө, ошндой эле искусстводогу бүгүнкү замандын талабына жараша реформаларды жүргүзүшүбүз керек. Бул реформалардын биринчи баскычы жүрүп атат азыр. Ошондуктан бизде иштей турган иштер аябай көп.

100 долбоорду бизде гана эмес, башка мамлекеттерде да, ЮНЕСКОнун эксперттери да аябай жогору баалашты. Бул биз үчүн аябай ийгиликтүү долбоор болду деп эсептейбиз.

- Ошол реформалардын маани-маңызы эмнеде?

- Бүгүн биз реформаларды театрларда, концерттик мекемелерде жүргүзүшүбүз керек. Себеби бүгүнкү угуучунун талабы дагы, бүгүнкү рынок системасы дагы маданиятты ушул коньюктуранын мыйзамдарына ылайык болушун талап кылып атат. Ал биринчи кезекте бүгүнкү репертуардык саясат кандай болуш керек, бүгүнкү талапка искусство кандай жооп бериши керек? Өзүңөр көрүп атасыңар акыркы кезде массалык маданият аябай дуулдап басып кетип атат. Биз ошол массалык маданиятка конкурент боло турган маданиятты колдошубуз керек. Биздин алдыбызда чыгармачыл багыттагы, ошондой эле бүгүнкү талапка жооп бере турган милдеттер турат.

- Демек, классикалык маданиятты, улуттук түпкү маданиятты азыркы массалык маданияттын селинен алып чыгыш максат экен да негизги?

- Негизи биз массалык маданиятка атаандаш боло ала турган маданиятты жарата алышыбыз керек. Бул өтө оор маселе. Азыр бүгүнкү эстетикалык бөксөлүк, тукулжуроо деп коебуз го, ошонун бардыгы бутубуздан чырмап баратканда биз ушул маселелерге көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Себеби биздин алдыбызда улуттук маданиятты кантип сактап калабыз, кантип өнүктүрөбүз мындан ары, бүгүнкү талапка кантип жооп беребиз деген көп маселелер турат.

- Быйылкы жылда кандай өзгөчө долбоорлор аткарылат?

- Биз быйылкы жылы КР президенти Курманбек Бакиев маданиятты өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки улуттук программасына кол койду. Ушул программада бардык биз аткара турган маселелер камтылган. Ошондо биз 2010-жылга чейин маданиятты биринчи кезекте мамлекеттик колдоого алуу номур биринчи маселе болду. Мына 3 жылдын аралыгында кыргыз өкмөтү республикалык бюджеттен бир миллиард 436 миллион сом бөлүп атат. Бул бүгүнкү маданиятты жандандырып, маданияттын кайра жаралуу доорун баштаганга чоң түрткү бериш керек.

- Сиздердин министрлик маданият эле эмес маалымат министрлиги дагы деп аталып калды. Бул Маданият жана маалымат министрлиги болгону менен маалымат жаатында колунда эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Гезиттерге таасириңер жок, эч кандай колдоо жок. Ушул жагы кандай болот?

- Ооба, эң туура. Биз КР Маданият жана маалымат министрлиги Кыргызстандагы маалымат саясатын жүргүзө турган мамлекеттик орган катары эсептелебиз. Ошондуктан биз маалымат саясатындагы негизги багыттарды, концепция, стратегияларды аныкташыбыз керек. Ошондой эле мыйзамдык демилгелерди биз алып жүрүшүбүз керек. Мамлекеттин атынан бизге берилген. Бул бир маселе. Экинчи маселе, мына биздин министрлик бир дагы ММК, же башка ага байланышкан уюмдарга биз эч кандай таасир эте албайбыз. Ошондуктан биздин алдыбызда бир дагы структура жок. Бирок биз азыр өкмөттүн жаңы структурасын карап атабыз. Бул башкам мамлекеттерде, мисалы Россия менен Казакстанда Маданият жана маалымат министрлиги бардык телерадиокомпанияларды, гезиттерди карайт. Ошондой эле биз көз карандысыз басма сөздүн, телевидениенин ишин, маалымат саясатын координация кылышыбыз керек. Бул боюнча иштеп атабыз. Мына өкмөт жаңыдан түзүлдү, структуралык чоң өзгөрүүлөр болот деп ойлойм.

- Сиздин жаңы жылдык каалоолоруңуз?

- Кыргыз элине тынччылык, бейпилдик, ынтымак, ошондой эле жыргалчылык каалайм.

- Маегиңизге ырахмат.

ЭТНОГРАФ КАКЕН МАМБЕТАЛИЕВАНЫН КӨӨНӨРБӨС ТАРЫХЫЙ МУРАСТАРЫ

Кыргызстандагы кыз-келиндерден чыккан биринчи этнограф- окумуштуу, тарыхчы Какен Мамбеталиев атындагы коомдук кор ачылганына эки жылдын жүзү болсо да илимий-конференцияларды өткөрүп, биринчи этнографиялык семинардын катышуучуларынын көлөмдүү жыйнагын китеп кылып чыгарды. Ошондой эле Какен Мамбеталиеванын көзү тирүүсүндө жарык көрбөй калган «Кыргызстандын жумушчуларынын турак- жайы жана турмуш- тиричилиги. Тарыхый этнографиялык очерк» деген китеби да чыкты.

Какен Мамбеталиева атындагы коомдук кору 2006- жылы уюшулган. Эки жылдан бери коомдук кор Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимге умтулган 12 студентине Какен Мамбеталиева атындагы стипендия берип келүүдө. Ошондой эле элеттик мектептерге окуу куралдарынан жана усулдук жагынан жардам берүү менен мыкты окуган окуучуларга да стипендия чектеген.

2006- жылы Какен Мамбеталиеванын 70 жылдыгына карата этнографиялык биринчи семинар-кеңешме уюшулуп, ага 60тан ашуун илимпоз- окумуштуулар катышкан. Алар этнография, антрапологоия жана ага чектеш илимдер боюнча изилдөөлөрү, эмгектери менен катышып, ошол илимий макалаларды иргеп элүүгө жакын окумуштуунун 400 беттен турган көлөмдүү жыйнагын да чыгарды.

Какен Мамбеталиеванын шакиртинин бири, өлкөнүн улуттук илимдер академиясынын мүчө- корреспонденти, тарых илимдеринин доктору Аблабек Асанкановдун пикиринде, кийинки 20 жылдан бери мындай ар тараптуу көлөмдүү жыйнак чыккан эмес. Бул жыйнактын жарыкка чыгышы жаш окумуштууларга чыгармачыл демөөр берип, илимге кызыгуусуна өбөлгө болду.

- Себеби жыйнакта Кытайда, Өзбекстанда жана башка коңшу өлкөлөрдө жашаган кыргыздардын жашоо-тиричилиги, каада- салттары, өлкө аймагындагы жана Кошой-Коргондогу археологиялык табылгалар, боз үй жасалгалары, зергерчилик, элдик медицина, улуттук азыктар жана башка ар кыл темадагы иликтөө-изилдөөлөр камтылган.

Кыргызстан эл аралык университетинин кафедра башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Алыбек Акуновдун айтымында Какен Мамбеталиеванын көзү өткөндөн кийин 23 жылдан кийин жарык көргөн «Кыргызстандын жумушчуларынын турак- жайы жана турмуш- тиричилиги. Тарыхый этнографиялык очерк» деген китебиндеги көйгөйлүү маселелер учурда да орчундуу жана маанилүү.

-Себеби Бишкек шаарын чептей курчап турган отузга жакын жаңы конуштардагы элеттен келген атуулдардын турмуш-тиричилигин, жашоо ыңгайын жана этнографиялык өзгөчөлүктөрүн иликтөөдө Какен Мамбеталиеванын эмгектери негиз болуп бере алат,- дейт Алыбек Акунов.

Какен Мамбеталиев атындагы коомдук корунун жетекчиси, философия илимдеринин кандидаты Гүлмира Мамбеталиеванын айтымында кордун негизги максаты- туңгуч этнографтын илимий мурастарын сактоо, жаштарга жайылтуу, этнография, антропология жана башка илимий изилдөөлөрдү социалдык жактан колдоо, биргелешип иштөөсүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана чет өлкөлөр менен илимий байланыштарды бекемдөө, эл аралык илимий семинар-кеңешмелерди өткөрүү.

ОШ АЙМАГЫНДА КАЙРАДАН ЖЕР СИЛКИНДИ

Жаңы жылдын биринчи күнү Ош аймагында кайрадан жер силкинди. Жабыр тартуучулар аларга мамлекет тарабынан камкордук жоктугуна даттанышса, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Ош областы сейсмологиялык зонада жайланышкан үчүн эч ким күнөөлүү эмес экендигин белгилешүүдө.

Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз катчысы Алишер Ташматовдун айтымында, 1-январь күнү саат 12.30 ченде жер титирөө Ош шаарынан 25-30 чакырым алыс жайгашкан аймакта катталган. Алдын ала маалыматттар боюнча өлүм-житим жок. Бирок жабыр тарткан же кыйраган имараттар, үйлөр министрликтин атайын топтору тарабынан такташтырылууда.

- Азыр райондордон түшкөн маалыматтарга караганда өлүм-житим жок. Учурда кыйраган үйлөрдү, имараттарды текшерүүгө атайын топтор кетишти, - дейт Алишер Ташматов.

2007-жылдын 26-декабрындагы жана 2008-жылдын 1-январындагы жер титирөө кесепетинен үйүнөн жарака кеткен Карасуу районунун Төлөйкөн кыштагынын тургуну Улукбек Максыталиев мамлекеттик органдар жабырлануучулардын акыбалын сурап койбогондугуна, тиешелүү адистер тегиз текшербестен туруп жалган маалыматтарды берип, элдин башын айлантып жаткандыгына даттанып, Президент Бакиев өзү кийлигишпесе, кырдаал чатактыгын «Азаттыкка» маалымдады:

- Алай, Ноокат райондорунан маалыматтарды берип атышат, бирок так мааалымат жок, - деди Улукбек Максыталиев.

Ал эми Карасуу районунун акими Токтосун Барманов Ош облусу сейсмологиялык зонада жайланышкандыктан, мындай жер титирөөлөр көп ирет болуп тураарын, андан трагедия жасоо кажети жоктугун, жабырлануучуларга тиешелүү камкордук көрүлүп жаткандыгын эске салды.

- Ош облусу жер титирөөнүн очогунда турат. Бул боло берген, боло берет. Эч кандай өлүм-житим жок. Бирок Карасөгөттө мектептин имараты, Тогузбулакта 3 үй жарабай калды. Бул жаратылыштын шарты, муну биз көтөрөбүз. Эч кандай коркунуч жок, эл тынч, - деди Токтосун Барманов.

ЖАЛАЛАБАТ: ЭСКИ ЖЫЛ ЭМНЕСИ МЕНЕН ЭСТЕ КАЛДЫ?

Өткөн жылды Жалалабат облусунун тургундары Аксы окуясы боюнча соттун Жалалабатта өткөрүлүшү, референдум жана парламенттик шайлоодогу оош-кыйыштар, социалдык-экономикалык багыттагы өзгөрүүлөр менен эскеришти.

Облустун тургундары үчүн 2007-жыл жалпы өлкөдөгүдөй эле баш мыйзамдын өзгөртүлүп, партиялык тизме менен парламенттик шайлоонун өткөрүлүшү эсте калды. Шайлоодо бир топ мыйзам бузуулар болгондугун “Ата Мекен”, “Социал-демократиялык” жана “Асаба» партияларынын өкүлдөрү менен "Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо борборунун байкоочулары белгилешти. СДПКнын мүчөсү Анархан Жаңыбаева Сузак районундагы шайлоо участкаларында болгондо адинистративдик ыкмалардын бөтөнчө иштетилгендигин көргөн:

- 16-декабрда болуп өткөн парламенттик шайлоо бир топ мыйзамсыз аракеттерге күбө болдум. Ошол эле административдик ресурстар колдонулду. Башка партияларга берилген бюллетенден “Ак жол” партиясына эсебине эсептелинип калды.

"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын Жалалабат шаарындагы өкүлдөрү 22 шайлоо участкасын көзөмөлдөп турушкан. Уюмдун координатору Уларкан Аттокурова 16-декабрда үй-бүлөлүк добуш берүүлөрдү жана тизмелердин так эместигин, партиялардын атынан турган байкоочулар өз милдеттери менен жакшы тааныш эместигин байкаган:

- Көп элдердин катышалбай калганы байкалды, тизмелер туура эмес болду. Партиялардын байкоочуларынын анчалык жакшы окутулбаганы да байкалды, үй-бүлөлүк бюллетень таштоолор болгон.

Облуста былтыр баалардын өскөндүгүнөн керектөөчүлөрдүн укугу жетишерлик корголгон жок. Камбарата ГЭСинин курулушу башталганын эске албаганда көптөгөн адамдарды жумуш орду дурус айлыгы менен камсыз кыла турган чоң ишканалар курулган жок. “Эркиндик” партиясынын облустагы төрагасынын орунбасары Кылычбек Маматаевдин эскеришинче пенсия жөлөк пул жана эмгек акыларга кошулган кошумчалар күнүмдүк жашоо талабына ылайык келбеди. Шайлоонун адилет өткөндүгүнөн көпчүлүк күмөн саноодо деп айтты ал:

- Чоң жумуш ордун таап бере турган облус боюнча болгон жок. Элдин көбүрөөк айлык алып иштей турган ишканалар ишканалар болгон жок. Шайлоонун калыс өткөнүнө көзүм жетпейт, элде таарыныч көп болду.

Алты адамдын өмүрү кыйылып, ондогон кишилер жарадар болгон Аксы окуясы боюнча кылмыш иши Жалалабат шаарында каралды. Алаамат окуяны соттук териштирүү мурда түрдүү себептер менен артка жылдырылып келген. Бирок, жабырлануучулардын айтымында депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу үчүн районборборуна бараткан элге ок аткандар менен курал колдонууга буйрук бергендер эмдигиче ачыкка чыга элек. Окуяга түздөн түз тиешеси бар деп коомчулукта айтып келаткан экс-президент менен ошо кездеги өкмөт башчы сотко чакыртылбай, президенттик администрациянын экс башчысы Аманбек Карыпкулов оорусуна бааланыштуу сотко келген жок. Экс губернатор Султан Урманаев депутат болуп турганы үчүн күбө катары сурак берген. Адам укугун коргоочу Абдиназар Маматисламовдун баасы боюнча облустук эки жетекчинин соттолушу менен Аксы окуясын кароодо жылыш болду:

- 2002-жылдан бери ар түрдүү шылтоолор менен өлгөндөр бар, аларды олтүргөндөр жоктой болуп келген маселе быйыл чечилип, быйыл эки адам Жалалабат облусунда табылды. Бул бир топ кишилер үчүн эң маанилүү окуя болду деп эсептейм.

Шайлоо-референдум өз деңгээлинде өтүп, олуттуу мыйзам бузууларга жана коомду бүлүккө салган саясий чыңалуулар болгон жок. Мындай пикирин облбийликтин маалымат катчысы Орозалы Карасартов ортого салды:

- Басып алган имараттар бошотулду, чыңалып турган жагдайлар стабилдештирилди. Шайлоо өз деңгээлинде чыр-чатаксыз өттү.

2-ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

1789-жылдын 2-январында Абдрахман Кучаков баштаган кыргыз элчилиги Омск шаарына келген. Полковник Меллер-Закомельскийдин жазалоочу отряды 1876-жылдын 2-январында Чулма жана Медресе афтобачи кыштактарын басып алган.

Россия империясы менен кыргыздардын саясий байланышы XVIII кылымдын экинчи жарымынан тарта калыптанып, аны андан ары өнүктүрүү жагдайына эки тарап тең кызыкдар болушкан. Кыргыз калкынын улук бийи Атаке баатыр жабдыган элчилик 1784-жылы Кыргызстандан чыгып, Омск-Петропавловск-Челяба, Екатеринбург-Москва аркылуу Санк-Петербург шаарына келип, орус бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр жүргүзүшкөн. Кыргыз элчилери: Абдрахман Кучаков, анын уулу Сатынбай жана Шергазылар кайра мекенине кайтканда аларды расмий бийлик өкүлдөрү коштоп, 1789-жылдын 2-январында кыргыз элчилиги Омск шаарына келген. Бу жерден Абдрахман Кучаков элчилик ийгиликтүү аяктагандыгын билдирип Атаке баатырга кат жолдогон.

Пулатхан баштаган кыргыздардын XIX кылымдын экинчи жарымындагы Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшү, падышалык бийликке да зыян келтирээрин туйган аскер аналитиктери козголоңчуларга сокку уруу планын иштеп чыгышкан. Генерал-майор М. Д. Скобелев 2800 аскердик жазалоочу отряд топтоп, козголоңчуларга каршы аскер операциясын баштаган. Полковник Меллер-Закомельский баштаган жазалоочу отряд 1876-жылдын 2-январында Чулма жана Медресе афтобачи кыштактарын басып алган. Жазалоочу отряд эли качып бош калган Медресе афтобачи кыштагын өрттөп жиберген.

Совет мезгилинин башталыш мезгилинде кыргыз тилин калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн маанилүү иштер жасалган. Алардын бири жана маанилүүсү да 1930-жылкы араб тамгасын латын графикасы менен алмаштыруу реформасы болгон. Ушул жылдын бу күнү жарык көргөн маалымдоо каражаттары кыргыз адабиятын толугу менен латын тамгасына которуу сааты келгендигин жазып чыгышты.

Ысыкөлдөгү туризм шартын өнүктүрүү максатында 2003-жылдын 2-январында Семенов капчыгайында лыжа базасы салтанат менен ачылды. Салтанатка катышкан Кыргызстан президенти А. Акаев «Ашар» жолу аркылуу да туризмди эл аралык деңгээлге көтөрүү мүмкүн экендигин белгиледи.

Бу күнү, 1635-жылы кардинал Ришелье француз Илимдер Академиясын негиздеп, 1839-жылы француз фотографы Луи Дагер биринчи болуп Айды сүрөткө тартып, 1822-жылы немец физиги, термодинамиканы ачкан Рудольф Клаузис, 1880-жылы советтик конструктор Василий Дегтярев, 1920-жылы атактуу фантаст Айзек Азимов жарык дүйнөгө келген.

ОРДОЛУУ ОШТОГУ ЖАҢЫ ЖЫЛ ТОСУУ САЛТАНАТЫ (Сүрөт баян)

Кыргызстандын түштүк башкалаасынын тургундары Жаңы жылды борбордук аянтта тосушту. Аларды адегенде Ош шаар мэри Жумадыл Исаков, Ош облусунун вице-губернатору Азиза Турдуева куттуктап, шаардыктарга жана конокторго бекем саламатчылыкты, ынтымак-ырашкерликти тилешти. Жаңы жыл тосуу аземи оюн-зоок, жаштар дискотекасы менен коштолду.













ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

“Азаттык” үналгысы өзүнүн угармандарын, окурмандарын жана көрөрмандарын Жаңы жыл менен чын жүрөктөн куттуктайт. Жаңырган жылда эл турмушунда бейпилдик, экономикада өсүш болсун, дасторкондо ырыскы көбөйсүн! Демократия, сөз эркиндиги, адам укуктары сыяктуу жалпы адамзаттык асыл-нарктардын кулачы жайылсын, куну кемибесин. “Азаттык” объективдүү жана бейтарап маалымат каражаты катары маалымат керектөөчүлөрдүн ишениминен чыкпайт жана ак кызматын эл-журтун алдында жоопкерчилик менен өтөй бермекчи. Жаңы жылда дагы "Азаттык" менен бирге болсоңуздар, ишиңиздерди ийгилик коштойт!

2007-ЖЫЛЫ ЭКОНОМИКАЛЫК ӨСҮШТҮ КЫМБАТЧЫЛЫК ЖЕП КОЙДУ

Айгул Жунушалиева, Бишкек 2007-жылы ички дүң продуктунун өсүшү 8 пайызды түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 5 пайызга жогору. Бирок инфляция денгээли жогорулап, жай айларында ун баасы кескин көтөрүлүп, экономикада бир нече терс көрүнүштөр да орун алган.

Алгач негизги экономикалык көрсөткүчтөр тууралуу кеп кылсак. 2007-жылдын 11 айында жалпы экономикадагы өсүш 8 пайызды түздү. Бул былтыркыга караганда 5 пайызга жогору. Бул жылы калкка кызмат көрсөтүү, курулуш жана өндүрүш тармактарында алгылыктуу алдыга жылуулар орун алды. Орто маяна 21 пайызга жогорулап, 3800 сомдун тегерегин түзүп, ал эми катталган жумушсуздардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 4 пайызга азайган.

Өткөн жылда өлкө экономикасында бир канча орчундуу өзгөрүүлөр орун алды. Ирээти менен айтсак, жыл башында, тагыраак айтканда февралда кыргыз өкмөтү ХИПИК программасынан баш тартты. Карыз жүгүн жеңилдетүүчү бул программа эки жылга чукул талкууланып, акыр аягы мамлекеттин моюнундагы 2 миллиард доллардан ашык карызды ХИПИКсиз эле өз алдынча жоюу чечимин атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссия кабыл алган.

Андан соң жаз айларында Камбарата ГЭСтери тууралуу маселе парламентте талкууланып, жайда совет доорунда башталган бул станциялардын бүтүрүү чечими кабыл алынган. Адистер ГЭСтер иштей баштаса алардан бир топ эле пайда болот дешүүдө. Энергетика тармагындагы адис Райымбек Мамыровдун пикиринде мамлекет эгемендик алгандан бери экономикада Камбарата 2 ГЭСи сыяктуу ири улуттук долбоор ишке аша элек болчу:

-Камбарата ГЭСтеринен өлкөгө бир топ пайда түшөт. Жок эле дегенде беш-он миң жаңы жумуш орундары түзүлөт. Анан албетте ГЭСтер бир канча киреше алып келет, кошумча электроэнергия болот, аны сыртка сатсак эле канча пайда.

Дегени менен экономикада көңүл кейиткен терс көрүнүштөр да болбой койгон жок. Мисалы инфляция денгээли бир топ жогорулаган. Жыл башында Улуттук банк инфляция денгээли мыкты дегенде 4 пайызды, болбоду дегенде эле 8 пайызды түзөт деп пландаган. Ал маалда Улуттук Банктын төрагасы Марат Алапаев инфляция денгээли жылдын экинчи жарымында 5-6 пайызды тузөт деп ишенип атышканын билдирген..

Бирок Алапаевдин үмүтү аткарылбай, инфляция денгээли октябрда 20 пайызды чапчыды. Адистердин айтымында бул жай-күз айларында орун алган азык-түлүк, өзгөчө ундун кымбатташынын айынан болду. Мындай кымбаттоо ансыз да эптеп жашап аткан калкты бейпайга салып, экономикадагы бирден бир курч проблемага айланган эле. Кымбатчылыкка каршы алгачкы чаралар сентябрда көрүлгөн. Айдын башында Жогорку Кеңеш буудай жана үрөөн алууга бюджетке кошумча 750 миллион сом киргизүү тууралуу токтом кабыл алып, анын 600 миллионуна 50 миң тонна буудай сатып алуу чечилген. Андан тышкары жакыр делген 300 миң үй бүлөөгө арзан ун берилген.

Өлкөдөгү ун өндүрүүчү компанияларынын бири “Акун” ишканасынын жеткечиси Чыныбай Турсунбековдун айтымында ун баасы ноябрь айында ылдыйлады:

-Ноябрда ундун арзандаганы чын. Мурдагыга караганда бери дегенде 4-5 сомго түштү. Анткени буудайдын баасы арзандады.

Ишкерчилик тууралуу айтсак, быйыл бизнесмендер үчүн анчалык деле чоң өзгөрүүлөр болгон жок. 2007-жылы кабыл алынаары күтүлгөн салык кодекси 2008-жылга калды. Ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Үсөн Кыдыралиев өткөн жыл тууралуу буларды айтат:

-Жалпысынан өткөн жыл ишкерлер үчүн жаман жыл болгон жок деп ойлойм. Бирок бизнесмендердин мыкты иштешине жакшы шарттар түзүлүп, баары укмуш болуп кетти деп да айта албайм. 2005-жылы ынклаптан кийин ишкерлерде коркуу сезими курч болгон болсо, кийинки жылы деле кооптонуулар бар эле. Өткөн жылы болсо алдыга ири пландарды коюп, тынч иштегенге мүмкүнчүлүк болду.

Жалпысынан алганда өткөн жылы экономикада мына ушундай көрүнүштөр орун алды.

Кыргызстан - Санта Клаустун мекени (cүрөт баян)

Кыргыз бийликтери Кыргызстандын “Санта Клаус өлкөсү” деген туристтик атак наамын дүйнөгө жайылтуу үчүн маданий-туристтик иш чараларды баштады. Маданият министрлиги менен Туризм агенттиги “Кыргызстан Санта Клаустун өлкөсү” деген туристтик атакты жайылтуу боюнча 2008-жылы аткарылчу иш чаралардын планын иштеп чыгууга киришти.

Кыргызстанды Санта-Клаустун өлкөсү катары даңазалаган майрамдык иш чаралар 30-декабрда Бишкекте борбордук аянтта театрлаштырылган чоң оюн зоок менен башталды. Анда Санта Клаус жер жүзүндөгү бардык балдарга белек таратуу үчүн Кыргызстандан жөнөп жатканын көргөзгөн символикалуу салтанат көргөзүлдү. Бул иш чаранын башкы максаты - Кыргызстанды Санта-Клаустун өлкөсү катары дүйнөгө таанытуу болуп саналат. Декабрдын башында швециялык “Свеко” фирмасы атайын жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында Санта Клаус мурда айтылып келгендей Лапландия же Финляндияда эмес кыргыз тоолорунда жашайт деп жар салган. Анткени, алардын жүйөөсүндө Санта Клаус түндүк жакта жашаган болсо, ал жер шарын түгөл кыдырып бардык балдарга белек-бечкек таратып жетише албай калат экен. Дүйнөдөгү бардык балдарга барып жаңы жылдык белектер менен кубантуу үчүн Санта Клауска кыргыз тоолорунда жашаган ыңгайлуу экен. Бул кабарды Кыргызстан калпагын көккө ыргытып кубануу менен тосуп алган. Анткени, туристтик өлкө болгусу келген Кыргызстан үчүн мындай рекламанын мааниси зор деп белгилеп жатышат адистер.



















2007-ЖЫЛ КЫРГЫЗСТАНДА САЯСИЙ АКЦИЯЛАР МЕНЕН ӨТТҮ

Оппозициянын апрель митингисинин кууп таркатылышы, ШКУнун Бишкек саммити, референдум аркылуу конституциянын кабыл алынышы, парламенттик шайлоо - 2007-жылдагы Кыргызстандын саясий майданындагы ири окуялардан болуп калды. Бул жылы ар кандай кырдаалда төрт жолу өкмөт башчы алмашты.

Сөз башынан болсун. 2007-жыл Конституция тууралуу бүтпөгөн талкуулардын уланышы менен башталган.

2006-жылдын 30-декабрында Конституция мыйзамсыз кабыл алынды, ал долбоордо президенттин ыйгарым укуктары чоңойтулган дешип оппозициялык күчтөр жана бир катар укук коргоочулар Баш мыйзам долбооруна президент кол койгучакты каршылыгын көрсөтүшкөн. Президент Курманбек Бакиев Конституциянын бул долбооруна январды ортолоп барып кол койгон.

Баш мыйзам жаңырганда Феликс Кулов башында турган өкмөт бүтүн курамы менен кызматтан чегинген эле. Кийинчерээк президент Куловдун талапкерлигин эки жолу парламентке сунуштап, бирок экөөндө тең көпчүлүк депутаттардын колдоосун тапкан эмес.

Тандемдеши Бакиев премьер-министрликке кайра көрсөтөөрүнө Кулов үмүттөнгөнү менен президент саясий кырдаалдын оорлошуп кетерине шылтап, аны үчүнчү ирээт сунуштаган жок:

“Тандем боюнча өнөктөшүм менден кутулуунун ыңгайлуу учурун күтүп турат деп мага далай эле айтып келишкен” – деп Кулов билдирүү жасап, ушундан кийин келишкис оппозицияга өткөн.

Премьер-министрлик такка Куловдон кийин Азим Исабеков отурду. Исабеков ага чейин айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри болуп иштеп турган.

Ошол убакта тышкы карызын төлөөгө кудуретсиз жакыр мамлекеттер үчүн программа – ХИПИКке кирбөө маселеси дал ушул Азим Исабеков кыргыз өкмөтүнүн башында турганда чечилген. ХИПИКке кирүүгө каршы нааразылык иш-чаралардын демилгечиси жаштардын “Жебе” саясий кыймылы болгон.

Мындан соң Феликс Кулов баштаган оппозициялык күчтөрдүн “Кыргызстандын кең келечеги үчүн” деген ураан алдында Бириккен Фронт түзүлгөн. Фронт конституциялык реформаны талап кылып ири нааразылык иш-чара өткөрүүгө камдана баштаганда президент Курманбек Бакиев кырдаалды жумшартуунун аракетин кылып, оппозиция менен коалициялык өкмөт түзүү ниети бар экенин билдирип, “Реформа үчүн” кыймылдын лидерлерин бири Алмазбек Атамбаевди өкмөт башчы кылып дайындаган.

Бирок Атамбаевдин премьер –министр болушун анын айрым саясий тилектештери айыптап, муну президенттин кезектеги көз жазгырган саясий жүрүшү деп чыгышкан.

Бириккен фронттун мөөнөтсүз митинги апрелдин он биринде башталган. Каршылык иш-чарасы 19-апрелде кууп таратылып, Фронттун лидерлери жана айрым катышуучулары массалык баш аламандыкты уюштурду деп айыпталган. Акцияга чыккан төрт атуул төрт жылга кесилип кетти. Фронттун жаш канаты делген “Канжар” жаштар уюмунун жигердүү мүчөсү Адилет Айтиекеевдин иши дале сотто териштирилип жатат.

Ошондо эле айрым жаш саясатчылар мындан ары нааразылык акциясына чыккандарга куугунтуктоо өнөкөткө айланып, тыюу салынбаса экен деп кабатырланышкан болчу.

“Азыр күч колдонулду. Бийлик тарабынан колдонулган күч заматта эле натыйжасын берди. Эми мындан кийин күч колдонуу салтка айланып калышы мүмкүн. Балким кийин тынч митинг өткөрүү, өзүнүн оюн эркин бидирүүгө коркунуч туулуп калышы мүмкүн,”- деп билдирген “Эркин Муун” либерал жаштар альянсынын лидери Мирсулжан Намазалиев.

Айткандай эле ушул жыл этегинде, парламенттик шайлоонун так алдында Бишкек шаардык кеңеш нааразылык чаралардын өтүшүн чектеген токтом кабыл алып, эми мурдагыдай “Кетсин!” деген ураандарды жаңыртып, Алатоо аянтына миң сандаган элди жыйноо кыялдарда гана калды окшойт.

2007-жылдын жай ичи Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкек саммитин өткөрүүгө даярдык көрүү менен өттү десе болчудай. 16-августтагы Саммитке ШКУга мүчө алты мамлекет башчысынан сырткары ардактуу конок жана байкоочу болуп дагы төрт президент, эки мамлекеттин министрлери катышкан. Бул мартабалуу жыйында Кыргызстан өз пайдасына жакшы демилгелерди көтөргөн жок деген сыяктуу сындар айтылган менен, саммиттин ийгиликтүү өтүшүнө, анда кабыл алынган он документтке топук кылгандар көп болгон.

Сентябрда саясий майдан жанданып, Баш мыйзам чыры кайрадан тутанды. Депутаттар Кабай Карабеков менен Мелис Эшимканов ноябрь жана декабрь Конституцияларынын мыйзамдуулугунан шек санап Конституциялык сотко кайрылышкан. Сот ал долбоорлорду мыйзамсыз деп таап, натыйжада Кыргызстан мурунку президент Аскар Акаевдин доорунда 2003-жылы кабыл алынган Конституцияга аз убакытка кайтып келди.

19-сентябрда президент эл-журтка кайрылып, Конституция боюнча референдум өтөөрүн ачыктады. 21-октябрда бүткүл элдик добуш берүүгө президент сунуштаган Баш мыйзам долбоору менен Шайлоо кодекси коюлду.

Расмий бийлик чукул мөөнөттө өткөн референдум эң эле ачык, айкын болгонун, ага добуш берүүгө жарамдуу калктын сексенден ашыгыраак пайызы келип, шайлоочулардын көпчүлүгү Баш мыйзамды колдогонун жар салган. Оппозиция болсо бул жыйынтык алда канча апыртылганын, добуш берүү одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышкан.

Өлкө Конституциясынын тагдыры чечилип, референдумдун расмий жыйынтыгы толук чыга электе президент парламентти таркатып, партиялык тизме менен жаңы парламенттик шайлоо болоорун айтты. Бакиев депутаттарды кетирип жатып аларды бийликтин башка бутактарынын ишине ашкере кийлигишип, ээнбаш болчу деп айыптап, эмкисинде татыктуу адамдар депутат болот деп ишендирип өткөн болчу:

- Көп учурда Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө далалат кылып келди. Бийликтин башка бутактарынынишине кийлигишүү массалык, кээде жол берилгис мүнөздө жүрүп жатты.

Бул кайрылуудан соң көп узабай президенттин таламын талашкан саясий күчтөрдүн “Ак жол” партиясы түзүлгөн. Ал эми оппозициялык күчтөр “Ата Мекен” партиясынын туусу алдында шайлоого аттанышкан.

“Шашылыш жарыяланган шайлоолор оппозициялык күчтөрдүн биригишине түрткү болду. Биригүүнүн тилекке каршы бир гана жолу бар. Бул – тигил же бул партиянын тизмесине кирүү”, - деген “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев шайлоого баратып.

Жалпысынан парламенттик шайлоого элүү партия катышуу ниетин билдирген болчу. Эленип отуруп шайлоого алардын он экиси гана барды. Бийликчил “Ак жол” партиясынан кийин эле элдин эң көп добушун “Ата Мекен” партиясы топтогон эле. Бирок Ош шаарынан жарым пайыздык чектен өткөн жок делинип атамекенчилер парламентке кирбей калды.

Оппозициядагы ири саясий лидерлердин Жогорку Кеңешке келбей калганына “Ак жол” партиясынан депутат болгон Алишер Мамасалиев азыраак өкүнүчүн билдирген:

- Шайлоо - бул саясий күрөш. Жеңгендер бар, жеңилгендер бар. Албетте “Ата Мекен” партиясынын тизмесиндеги мен сыйлаган адамдар азыркы парламентке келип, өз салымдарын кошсо жакшы болот эле.

“Ата мекен” партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын, талаштуу аймактарда кайрадан шайлоо өтүшун талап кылып турган чагы.

Бир катар жаштар уюмдары жана партиялардын жаштар канатынын лидерлери шайлоо ыплас өткөнүнө кыжалат болуп “Мен ишенбейм” деген каршылык акциясын баштаган. Акция катышуучуларынын айрымдарын жана эки укук коргоочунун милиция кармап, алардын иштери сотко өткөн. Бирок жаштар мындай аракеттерди бийликтин коркутуп-үркүтүү амалы катары сыпатташып,баштаган аракеттеринен кайтпастыгын “Ата Мекен” партиясынын жаш лидери Жоомарт Сапарбаев билдирген болчу:

“Бул шайлоо адилет өткөн жок. Бул шайлоо эмес, жөн эле маскарапоз-шоу болду. Биз мыйзам кандай бузулганын өз көзүбүз менен көрдүк. Байкоочуларга кол көтөргөн учурлар болуп, зордук-зомбулук орун алды. Албетте биз буга каршыбыз. Биз дагы чыгабыз. Чыга беребиз. Анткени биз, жаштар тажадык. Шайлоого да, президентке да, бийликке да ишенбейбиз. Анткени бийлик өзүнүн “бетин” көрсөттү.”

Өтүп бараткан жылдагы көз токтотуп, сереп салчу окуялардан катарына мурунку президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаеванын депутаттыкка ат салышуу аракети менен байланышкан окуяларды, Таласта Алмазбек Атамбаевге жергиликтүү элдин кол салышын, Жогорку Кенештин маалымат кызматкери Жыпаргүл Арыковага тыңчылык кылды деп айыпталып жаткандыгын кошсо болот.


Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек

31-ДЕКАБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

1920-жылдын соңунда чыгарылган жыйынтыкка ылайык Кыргызстан аймагында бир канча маалымдоо каражаттары коомчулук керектөөсүн канааттандырып турган. Кыргыз мамлекеттик тарых музейи узак убакытка уланган реставрациялык иштен кийин, 1973-жылдын бул күндөрү тарых күйөрмандары үчүн эшигин ачты.

Совет бийлигинин адегендеги жыйынтыктары 1920-жылдын бул күндөрү чыгарылган. Пишпек уездинде малдын саны үч эсеге азайып, айдоо аянттары эки эсе кыскарган. Буудайдын баасы 25-30 эсеге көтөрүлгөн.

Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийинки экономикалык кыйынчылыкка карабастан жарык көргөн гезиттердин саны арткан. 1920-жылдын соңунда чыгарылган жыйынтыкка ылайык Кыргызстан аймагында бир канча маалымдоо каражаттары коомчулук керектөөсүн канааттандырып турган. Пишпек шаарында «Красная знамя», Токмокто «Вестник», Пржевальскиде «Голос пролетариата» гезиттери чыгарылган. Ал түгүл, Пишпек шаарында биринчи жолу «Юный пролетариат» аталыштагы журнал-гезит жарык көргөн.

Москва ооруканасында белгисиз жагдайда каза болгон М. В. Фрунзени эскерүү максатында 1925-жылдын бул күндөрү Кыргызстан борбору Пишпек шаарында музей ачуу талкуусу жүрдү. Белгилүү саясатчылар менен илим адамдары М. В. Фрунзенин киндик каны тамган там кайсыл экендигин тактоого киришишти.

Фрунзе шаарынын тургундары 1928-жылдын бул күнү квартира төлөмдөрнүн арткандыгы туурасында маалымат алышты. Эгер, жыл башындагы квартира төлөмү квадрат метри 39 тыйын болсо, жыл соңунда анын акысы 60 тыйынга көтөрүлгөн. Жаман адат Фрунзе шаардык жергиликтүү чарба бирдигине да өрнөк болуп, ала көрсөткөн кызмат акысы көтөрүлгөн.

Фрунзе шаардык бийлиги 1938-жылдын бул күндөрү борбор калаанын тратуарларында лыжа, коньки тепкендерге каршы чара көрүп баштады. Шаардык бийликтин чечимине ылайык, тратуарларында лыжа, коньки тепкендер шаар тургундарынын эркин басышына тоскоолдук келтирип, айрым убакта жаракат алдырып жатканы белгиленет.

Кыргыз мамлекеттик тарых музейи узак убакытка уланган реставрациялык иштен кийин, 1973-жылдын бул күндөрү тарых күйөрмандары үчүн эшигин ачты. Тарых музейи ал кезде эски имаратта орун алып, анын ичи-тышы ирээтке келтирилген. Имараттын чатырына купол орнотулуп, ал музейге тарыхый түс берген. Музейге коюлган жаңы экспонаттардан, арча табыттагы мумия жесити көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты.

СССР Сода министрлигинин буйругуна ылайык Фрунзе шаарынын магазиндери 1949-жылдын 31-декабрында кечки саат 22.00, азык-түлүк дүкөндөрү 24.00 убакытка чейин иштешти.

МЕДИНА: КЫРГЫЗСТАНДЫК ОН АЖЫ КАЗА БОЛДУ

Медина шаарында Кыргызстандан ажы сапарына кеткен адамдардын ону каза болду. Мурдагы көз жумгандар картайган адамдар болсо, бул жолку көз жумган адам 50 жаштан бир аз эле ашкан экен. Мединада зыяраттар уланууда.

Биз оболу Дилмурат-ажы Орозов менен сүйлөштүк. Ал пайгамбардын шаары аталган Мединада жүрүшкөндүгүн, Мекеден келгенине үч күн болуп калгандыгын, дагы 3 күндө Кыргызстанды карай жол тартаарын, учурда бир топ ажыны Мухаммед пайгамбардын мечити, кабыры сыяктуу ыйык жайларда ибадат кылдырып – баштап жүргөндүгүн, Мединада Мекеге караганда аябай салкын экендигин, айрым ажылар жөтөлүп-нетип аткандыгын кеп салды.

-Дилмурат-ажы, биздин кыргызстандык ажылар аман-эсенби?

- Дагы бир адам өттү. Аны дагы Жаннатилбахи деген ошол пайгамбарыбыз жаткан жерге катар жайгашкан кабырстанга койдурдук.

- Демек, бул 10-кыргызстандык ажынын көз жумушу экен да.

- Ооба, ошондой. Пайгамбарыбыздан хадис бар: “Кимде-ким Мединада көз жумса – мен кыямат күнүндө ушу Мединада өткөндөрдү биринчи шапаат кылам,” – деген.

- Дилмурад-ажы, ошо эң соңку көз жумган кыргызстандык ажы тууралу маалымат бере аласызбы?

- Муминов Рустам деген жигит эле. Бир аз жүрөгү ооруп жүрчү. Жашы 52де экен. Жалалабаддык. Биз өз колубуз менен узаттык - жаназасына туруп, топурак салып дегендей.

Андан кийинки байланышыбыз Медина шаарындагы Мухаммед пайгамбарыбыздын мечитинде ибадат жасап олтурган Рахматулла-ажы Эгембердиев менен болду. Андан Мединадагы ошо пайгамбар мечити тууралу сурадык:

- Бул өтө чоң мечит – пайгамбарыбыздын наамындагы куба мечити деп аталат. Мындан башка ушу Мединада эле – пайгамбарыбыз жашаган үйдүн жанында да пайгамбар мечити бар. Бул өтө зор мечит жөнүндө айтсак, 5 гектар аянтты ээлеп турат. Бул мечиттин ичинде намаз окуу, бата кылуу - өзгөчө нерсе катары сыпатталат. Азыр дагы курулуштар жүрүп жатат тегерегинде – мечитке тиешелүү. Жолдору аябай кең. Бирок, мечит жакка автоунааларды өткөрбөй тосуп коюптур быйыл, бул коопсуздук үчүн болсо керек.Мечитте жүз миңдеген мусулмандар бир эле убакта намаз окуй алышат. Көптөгөн дарбазалары бар. Он миңдеген автоунаалар үчүн токтотуп-коё турган жайлар бар. Даарат алчу жайлары төмөн жакта, үч кабат. Эсколатор менен түшүп даарат алып келесиң.

- Ырахмат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG