Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 02:14

Кыргызстан

“АДЕГЕНДЕ МЕКТЕБИҢДИ АЙТ, МЕН АНАН МЕКЕНИҢ

Кыргызстанда зордук-зомбулук жасаган 14 жашка чейинки өспүрүмдөрдү жазага тарта турган мыйзамдар жок. Мектеп окуучуларынын арасында жарым криминалдык мамиле көнүмүш көрүнүшкө айланды, деп коңгуроо какты “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити. Өткөн кышта Бишкек төбө чачты тик тургузган окуяга күбө болду. Шаар мектептеринин биринин спорт залына кадимки эле окуучуну асып кетишти. Кылмышкер ким экендигин издеп убара тартышкан да жок. Бирок аны өзү менен эле чогуу окугандар жасаганы сокур кишиге деле белгилүү болучу деп белгилеген гезит, мугалимдердин байкоосунда мектеп окуучуларын эки категорияга, биринчисине-кандай жолдор менен болбосун чөнтөктүк тыйын табууга аргасыз болгон, жетишсиз үйбүлөдө өскөн, экинчисине- өзүнөн алсыздарга ар дайым үстөмдүк кылып, басынтып тургусу келген, жетиштүү үйбүлөдө өскөн балдарды кошсо болорун жазат. Мектеп биздин коомдун күзгүсү, “Адегенде мектебиң жөнүндө айтып берчи, мен анан сага Мекениң кандай экенин айтып берейин” деп бекеринен айтышпайт. Рыноктук экономиканын ордуна биз жакырчылык менен жумушсуздукту, үйбүлөлүк зордук-зомбулук менен ыймандын кыйрашын, эл багам деген атка минерлердин жанды жеген жалган сөздөрү менен жалаңкычтай жеп-ичкичтигин, талап-тономой өнөрү менен ууру-кескилигин алдык. Көркөм дүйнө көр дүйнө менен алмашты. Көркөм дүйнөсү байлар бааланбай, көр дүйнөсү байлар бааланды. Мына ушулардын баары айланып барып эртеңки келечегибиз болгон мектептеги балдардын башына союл болуп согулууда дейт.

Гезит мындан тышкары КР УИА сейсмология институтунун деректири Канатбек Абдрахматов менен аңгемелешет. Деректир мындан ары Түштүктө жер титирөө токтойт деп айталбасын, анткени Кыргызстан сейсмикалык жактан жандана баштаган жолго түшкөнүн, жыл ичинде Фергананын түндүгүндө 6-7 баллдык жер титирөөлөр болуп турарын, мындай силкинүүлөр Алай менен Ысык-Көлдүн чыгыш жактарында да болорун айтат. Экологдор Камбар Ата ГЭСтеринин курулушу кырсык апкелет деп жер сабап жатышат, бул канчалык жөндүү деген суроого, доктор Канатбек Абдрахматов Камбар Ата ГЭСтеринин каскаддары чындыгында эле сейсмикалык опуртал жайга курулганын, кокустан күчтүү жер силкинүү болсо плотинаны шыпырып кетерин, эгер ушундай болсо андан атып чыккан суу жолундагынын баарын тып-тыйпыл кыларын, илгерки совет доорунда Камбар Ата ГЭСтеринин техникалык-экономикалык жагдайын иликтөө иштери бүтпөй калганын, ошого байланыштуу ал жердеги абал оңой эместигин баяндайт.

Ушул эле гезит көрүнүктүү түрколог Лев Гумилевдун: “Эл башкаруучулардын ишинин ийгилиги анын айланасындагылардын талантына жана жанын аябай чын пейилден жардам беришине жараша болот” деп айтканын шилтеме кылып, “Ак жол, Кыргызстан” партиясы президент үчүн ушинтип иштеп бере алар бекен деген суроону коет. Талаш жок. “Ак жол” азыр өбө тургандай да, сөгө тургандай да иш кыла элек. Бирок күчтүү парламентсиз Кыргызстанда демократиялуу өлкө куруу мүмкүн эмес. Мунун айныксыз чындык экендигин каалаган саясат таануучулар далилдеп бергенге даяр. Бирөөнүн көзүн карабай өз алдынча саясый күч катары чыкканда гана парламент ошончолук кудуреттүү да, абройлуу да болот. Бийликтин эзелтен келаткан жол-жосуну боюнча Мыйзам чыгаруу бийлиги биринчи, ал эми президент башында турган аткаруу бийлиги экинчи болуп эсептелет. Бирок тилекке каршы постсоветтик алкактагылардын баарында булардын орду алмашкан бойдон келатат. Эми мына ушул, бир караган көзгө биримдиктин уюткусундай сезилген“Ак жолдун” алдыдагы жолу кандай болот? Көзкарандысыз социолгоиялык иликтөө институтунун деректири Раиса Полякованын ою боюнча “Ак жолдун” фракцияларынын ичинде да, бүтүндөй партиянын ичинде да уюган биримдик бар деп айтууга болбойт. Анын үстүнө эл ишениминен депутат болуп келгендердин көбү өз чөнтөктөрүн толтуруш үчүн жана депутаттык кол тийбестик үчүн гана келди деген түшүнүк өчө элек. Антсе дагы партиянын ичинде өлкө тагдыры деп чындап башын сайып иштечүлөр деле жок эмес. Бирок алардын карааны көпчүлүк “акжолчулардын” далдасынан көрүнбөй кала берет. Демек Кыргызстандын бийлиги үчүн күчтүү демократиялык өлкө куруунун зарлдыгы жок деген ой туулат, деп жазды.

“Комсмольская правда Кыргызстан” гезити “Кошелек” деген рубриканын алдындагы макаласынын атын “Жаңы жылыңыздар менен!”, “Жаңы инфляцияңыздар менен!” деп атап, казактардын тайм-аут алганына карабастан Кыргызстанга келип жаткан капиталдын агымы уланып жатканын, бул “агым” инфляциянын агымы болорун, товарлардын баалары өйдөлөөрүн, өйдөлөп эле тим болбой, непадам жердин жети кабат наржагынан экономикалык кризис чыкса, эмнегедир адегенде анын айлана-тегерегиндегилерине тийбестен түптүз келип эле биздин Кыргызстанды башка чабарын, асыресе ушинтип дүйнөнү ала жыгылып айтканды кыргыздын Улуттук Банкы жакшы көрөрүн, Банк өз элине кандай шарттарда ушундай кыйынчылык болорун, кайсыл жыл кандай болорун билип турса да айтпастыгына окурмандарынын көңүлүн бурду.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ.

ЭЛЕКТР КУБАТЫНА БААЛАР КӨТӨРҮЛГӨН ЖАТАТ

Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары Акылбек Түмөнбаев апрель айынан баштап электр кубаттына баа көтөрүлөөрүн, энергетика тармагында менчиктештирүү керектигин маалымат жыйынында билдирди. Айрым көз карандысыз талдоочулар жылуулук жана электр кубаттына бааларды көтөрүү жана менчиктештирүү аракеттери, бул тармакта мамлекеттик башкаруу системасынын алсыздыгынан, коррупциянын күчтүүлүгүнөн улам келип чыккан маселе катары баалашууда.

Жаңы жылдын алгачкы күнүнөн баштап Кыргызстанда жаратылыш газы кымбаттады. Өткөн жылы түндүк аймагындагы кардарларга газга төлөм 5 сом 57 тыйындан болсо, түштүктө 5 сом 22 тыйын эле. Азыркы баа тууралуу «Кыргыз газ» ачык акционердик коомунун жетекчиси Саламат Айтикеев буларга токтолду.

-Жаратылыш газы 45 пайызга кымбаттаганынан улам тариф да көбөйдү. Ошондо газга төлөмдөр 30 пайызга жогорулады. Түштүк аймагындагы кардарларга газдын бир кубометри 6 сом 90 тыйындан, түндүк аймагындагы кардарларга 7 сом 21 тыйындан болот. Түндүк менен түштүктүн айырмасынын себеби түндүккө Казакстандан 600 чакырымдык газ кууру менен келгендигине байланыштуу.

Быйыл Өзбекстан миң кубометрин 145 доллардан сатуусунан улам жаратылыш газга төлөмдөр да кымбаттаган.

Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары Акылбек Түмөнбаев болсо апрель айынан баштап электр кубатынын жана жылуулук энергиясынын баасын 10 пайыздын тегерегинде көтөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатканын айтты.

-1-апрелден баштап электр энергиясына баалар көтөрүлөт. Он пайыздын тегерегинде деп турабыз. Ошондой эле жылуулук энергиясына да баалар кымбаттайт.

Түмөнбаев электр кубаттуулугуна жоготуулар көбөйүп жаткандыгын, учурда кардарлардын жана мекеме ишканалардын карыздары төрт миллиард сомду чапчыганын билдирди. Анын пикиринде электр кубаттуулугун кайра бөлүштүрүү компаниялары менчиктештирилсе инвесторлор тартылып, ыгы жок жоготууларга бөгөт коюлат.

-Электр тармагында менчиктөө боюнча мыйзамды өткөн жылы июнь айында кабыл алдык.Ошондо Бишкек ТЭЦин, Камбарата ГЭСтерин келечекте менчиктештирип же сатсак болот. Мен ойлоп атам бул туура эле чечим болмок Мисалы чоң бир инвестор келсе ТЭЦти көтөрүп кете албайт да. Аны модернизациялап, тетиктерин жаңыртат эле. Учурда ТЭЦ 200 меговатт берип атат. Анын көлөмүн 500-600 меговаттка көтөрсө болот. Эгерде бөлүштүрүү компаниялары менчиктештирилсе жоготууларды токтотуп, бир тыйындан бери чогултушат. Биз каражаттын тартыштыгынан энергетика тармагын жаңырта албай, жоготууларды токтото албай жатабыз.

Ал эми экономика илимдердин доктору Айылчы Сарыбаев энергетика жана отун ресурстары министринин орун басарынын пикирине каршы. Окумуштуунун айтымында, электр тармагынан түшкөн пайданын 50 пайызы эле мамлекеттин казынасына түшүп, калган 50 пайызы коррупционер чиновниктердин “капчыгына” куюлат. Сарыбаевдин көз карашында Камбарата ГЭСтерин жана кайра бөлүштүрүү компанияларын менчиктештирүү барып келип карапайым элдин жашоо-турмушун ого бетер оорлотот.

-ТЭЦтин, ГЭСтин, бөлүштүрүү компанияларынын сатылышы бул албетте кээ бир коррупционерлердин кызыкчылыгы үчүн болуп аткан иш. Мунун бардыгы мамлекеттин менчигинде калса деле болмок. Мамлекет өзү деле башкарууну жакшылап уюштурса. Коррупцияны жойсо. Кылмыштуулукка катуу жаза көрсө. Финансылык тартип деп коет. Ошонун толук сакталышына көзөмөл кылса эч кандай менчикке сатуунун кажети жок болот эле. Бул жерде мамлекеттик башкаруунун алсыздыгы, коррупциянын күчтүүлүгү көрүнүп турат, -деди Айылчы Сарыбаев.

НААРАЗЫЛЫК ТОЛКУНУ ЖАЗ МЕНЕН КАЙРА КӨТӨРҮЛӨБҮ?

Парламенттик шайлоодон кийинки өлкөдөгү акыркы саясый окуялар коомчулукта нааразылыктарды жаратты. Айрым серепчилер бул нааразылыктар бара-бара толкундоолорго алып келиши мүмкүн деп болжошсо, кээ бирлери жазында массалык толкундоолордун болоор-болбосу бийликтин учурда жасаган кадамдарына байланыштуу болот деп айтышууда.

16-декабрдагы парламенттик чукул шайлоонун жыйынтыгына нааразылыктар митинг, пикет, ачкачылык акциялары менен коштолду. Шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар арасынан бирден бир гана КМШдан келген байкоочулар анын акыйкат өткөндүгүнө күмөн санашкан жок.

Бийликтин, жергиликтүү бир катар уюмдардын жана КМШнын байкоочуларынын мындай бүтүмү коомчулуктун калың катмарынын кыжырын ого бетер кайнаткансыды. Ал эми шайлоодон кийин уюштурулуп жаткан нааразылык акциялары кыштын кыраан чилдесинде, жаңы жыл башталаар алдында гана токтоду. Айрым байкоочулар бул нааразылыктар суукка гана байланыштуу басаңдады, жазында элдин толкундоосу кайрадан башталат деген жоромолдорун айтышууда.

Шайлоодо жарым пайыздык чектен өтө алган жок деген негизде парламентке келтирилбеген “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жазында өлкөдө толкундоолордун болоор болбосу бийликтин азыркы кадамдарына байланыштуу болот дейт:

-Жазында кайрадан нааразылыктардын толкуну башталат деп так айтуу кыйын. Албетте элдин нааразылыгы бар. Толкундоолор болоор болбосу бийликтин, парламенттин, өкмөттүн жазга чейин жасаган кадамдарына байланыштуу болот.

Өмүрбек Текебаев мындай нааразылыктарды болтурбай коюуга бийликтин мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтты. Бирок, дейт саясатчы, ал үчүн бийлик учурдагы саясатын өзгөртүшү керек.

Ал эми “Асаба” партиясынын лидери Азимбек Бекназаров болсо жазында нааразылыктар күч алаар-албасы боюнча жоромолун эртең президент Бакиевдин парламентке кайрылуусунан кийин гана айта алаарын билдирди.

Албетте элдин нааразылыгынын күчөшүнө саясый гана эмес, социалдык, экономикалык жагдайлар да себепкер болот. Маселен, азык–түлүк кымбаттап, анын үстүнө жыл башынан тартып газга болгон баа да жогорулады. Мына ушундай жагдайлар да элдин нааразылыгынын күчөшүнө түрткү берет, дейт Өнүгүү жана саясат боюнча эларалык агенттиктин президенти Аликбек Жекшенкулов :

-Мынa нан кымбаттады, эми газга болгон баа жогорулады. Электр энергия да кымбаттаса, азыктар дагы кымбаттайт да. Баалардын көтөрүлүшү саясый кырдаалга да чоң таасирин тийгизет. Биз эми толкундоолор болот деп так айта албайбыз, 14-январда “Акыйкат үчүн” кыймылынын форуму өтөт, ошондо кийинки кадамдар талкууланат.

Өлкөдө жакынкы келечекте саясый кырдаал тууралуу байкоочулар мына ушундай жоромолдорун айтышууда. Анткен менен республикада жакынкы арада массалык толкундоолор, каршылык акциялар болбойт дегендер да жок эмес.

Бул маселе боюнча саясат талдоочу Карыбек Байбосунов “Азаттык” менен ой бөлүшүп, төмөндөгүчө көз карашын айтты:

-Ар бир нерсенин өзүнүн убактысы болот. Ошону үчүн мен ойлойм, жазында эч кандай толкуундоолор болбойт. Азыр ар кимиси өзүнүн иштери менен алек, алар да бардыгын таштап коюп жазында көчөгө чыга калбайт да. Ал эми жаңы парламентке, өкмөткө бир жылдай убакыт беришибиз керек, алар деле жаңыдан ишке киришип атат да.

Жакынкы арада өлкөдөгү кырдаал боюнча мына ушундай ар кыл пикирилер айтылууда. Бирок бул жоромолдор канчалык так, аны мезгил гана калчайт.

КЫРСЫКТАГАНДАР ЖАТАКАНАГА ЖАЙГАШТЫ (Сүрөт баян)

Жаңы жылдын биринчи күндөрү болгон алты баллдык зилзаладан өзгөчө жабыркаган Карасуу районунун Карасөгөт, Тогузбулак кыштактарынан 279 киши Каттаталдык айыл өкмөтүнө караштуу Башбулак айылындагы кесипчилик окуу жайынын жатаканасына жайгаштырылды. Убактылуу лагердин башчысы Базаргүл Байзакованын билдирүүсүнө караганда, булардын басымдуу бөлүгү кемпир-чал, келин-кесек жана балдар. Алардын саны күн өткөн сайын көбөйүүдө. Башбулактагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Марапат Казыбаева жер титиреген учурда бир адамдын буту сынып ооруканага жеткирилгендигин, медициналык жардам сурап 100дөн ашык адам кайрылганын, алардын көбүнө суук тийип, кан басымы көтөрүлүп кеткенин айтты.

















АДВОКАТ САИД АХМЕДОВ КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮРМӨСҮНӨ САЛЫНДЫ

БУУнун эсебиндеги мандаттуу качкын, адвокат Саидкамол Ахмедов Өзбекстанда кармалып, Кыргызстандын түрмөсүнө салынды. Анын куугунтукталышын жактоочулары жана укук коргоочулары кыргыз бийлигин такай сындагандыгы менен байланыштырышса, каршылаштары Ахмедов алдамчылык менен алектенген, ошондой эле бирөөлөрдүн документтерин жасаганга батынган деп айыпташууда.

Кыргызстандык адвокат Саидкамол Ахмедовдун жактоочусу Таир Асановдун айтымында, ага карата алдамчылык менен шугулдангандыгы жана бирөөлөрдүн документтерин жасагандагы үчүн айып тагылууда. Өзү мындай жумуштар жарандык тартипте каралып, кылмыш иш козгоонун кажети жок эле. Анын үстүнө Ахмедов адвокат катарында карапайым адамдардын таламын көбүрөөк талашып, кыргыз бийлигин сындаган материалдарды басма сөздө байма-бай жарыялап тургандыгы укук коргоо органдарына жакпай калды өңдөнөт. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде турган мандатуу качкынды Өзбекстан кармаган күндө да дүйнөлүк мыйзамдарды сыйлап, Кыргызстанга өткөрүп бербеш керек болчу:

- Куугунтуктоонун курмандыгы болуп жатат. Себеби ал бүгүн Кыргызстандын түштүгүндө белгилүү юрист эле эмес, белгилүү журналисттердин бири. Ар дайым коргоо органдарын критикалап макалаларды чыгарып жүргөн. Бул киши кармалганга чейин ал жерде качкын деген статус берилген. Бирок тилекке каршы Ташкенден кармалып Ошко алып келинди. Өзү качкын деп статус алынгандан кийин Өзбекстан мамлекети эл аралык нормаларга ылайык Кыргызстанга бербей коюга милдеттүү эле, - дейт Таир Асанов.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Тургунбай Жумабаев Саидкамол Ахмедов жарандардын документтерин жасаган деп күнөөлөнгөндүгүн ырастап, бирок, соттук териштирүү убагында качып кеткендигинен улам ага издөө жарыялангандыгын, Ташкенде кармалып, андан ары Анжиян шаарына жөнөтүлүп, өткөн декабрдын 25инде Оштогу түрмөгө өткөрүлүп берилгендигин, жакында соту жандантылаарын кошумчалады:

- Соттук кароо жүрүп аткан учурда Ахмедов Өзбекстанга качып кеткен. Биз бул жерден ага издөө жарыялап, өзбекстандык биздин коллегалар аны Ташкенден кармап, Ташкенден жакында Анжиандын СИЗОсунан декабрдын 24-25де Ош шаарындагы СИЗОго алып келдирип, азыр кылмыш ишти кайрадан соттук кароого жибердик. Кудай буюрса жакында соттук кароо башталат, - деди Тургунбай Жумабаев.

Оштогу абактын башчысы Галбай Пратов айрым массалык маалымат каражаттарында жарыяланган «Саидкамол Ахмедов Ташкендеги Таштүрмөдө жаткан жеринен дайынсыз», «Бишкекке көчүрүлүптүр» деген билдирүүлөр жалгандыгын, эки өлкөнүн Баш прокуратурасы макулдашкыча кыйла убакыт корогондугун, акыры 2007-жылдын 25-декабрында айыпталуучуну милиция кармап, Анжияндан түз эле Оштогу түрмөгө жөнөтүшкөндүгүн «Азаттыкка» маалымдады:

- Азыркы учурда бир мамлекеттен кармалган адамдардын экинчи мамлекетке берилиши өзү эле чоң процесске айланып атат. Ташкенден Бишкекке, Бишкектен Анжиянга алып баруусу туура эмес. Эгерде аны Бишкекке алып барганда бизге өзүбүздүн этап менен келмек эле. Бирок андай болгон жок. 25-декабрда Анжияндан бизге түз эле алып келген. Азыркы учурда ошондо турат, - деди Галбай Пратов.

Жергиликтүү укук коргоочу Айжамал Камилжанова акыркы кезде Кыргызстан дүйнөлүк тургай өзүнүн мыйзамдарын урматтабай калгандыгын, адам укугу кадам сайын бузулуп жаткандыгын айтып, Саидкамол Ахмедовдой БУУнун мандаттуу качкындарын куугунтуктоо эл аралык коомчулук арасында өлкөгө абийир алып келбейт деген ынанымда.

ЭДИЛ БАЙСАЛОВ: ЭЛИНЕН УЯЛБАГАН БИЙЛИКТЕН АКЫЙКАТТЫК КҮТПӨЙМ

Парламенттик шайлоонун алдында чыккан бюллетень чатагынан улам Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, белгилүү укук коргоочу Эдил Байсалов шайлоо тизмесинен чыгарылып, ага каршы Баш прокуратура кылмыш иш козгогон. Акыры ал Казакстандын Алматы шаарына чыгып кеткен. Эдил Байсалов «Азаттык» менен телефон аркылуу байланышып, өзүнүн Алматыда жүрүү себептери, бюллетень чатагы жана анын айланасындагы ызы-чуулар тууралуу көз карашы менен бөлүштү.

- Эдил, сизди Социал-демократтар партиясынын катарынан чыкты деген маалымат интернет аркылуу тарады. Мунун канчалык чындыгы бар? Бул эмнеге байланыштуу?

- Жок, бул чындык эмес. Жооптуу катчы саясий партияда катуу иштеши керек. Ошондуктан, орунду мен убактылуу бошотуп бердим. Бирок баягыдай эле партия мүчөсү катары кала бермекчимин.

- Сиз ал жерге - Алматыда Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоо алдында болгон бюллетенге байланыштуу чатактан кийин чыгып кеткениңизди билебиз. Ошонун жөн-жайы тууралуу айтып бере аласызбы? Эмне себептен кеттиңиз? Күрөштүн башкача жолу жок беле?

- Ошол күндөрү бардык прессалар мен жөнүндө көп маалымат тараткандан кийин өзүм дагы үч-төрт айдан бери суткалап иштегенден кийин кичине эс алайын деп бул жөнүндө алдын ала бийликтегилер менен сүйлөшүп, аларга маалымат бергем. Мен эч кандай качкан жерим жок. Ошол күнү башкы прокурордун орун басары Сумар Насиза менен сөз болгон. Администрациянын бир канча жетекчилери менен сөз болгон. Алар толугу менен укугуң бар, бул мыйзамдуу, эч кандай эч нерсе болбойт, чыга берсең болот деген сөз болгондон кийин мен ошол жерден эки-үч күнгө кичине эс алып келели деген ой менен чыгып бара жатканда мени чегара кызматкерлери кармаган. Кармагандан кийин чет өлкөлүк элчиликтер киришип, бошотушкан. Мен ошол чыгып кайра келейин деген оюмду бузушуп, атайын Турсунбек Акун аркылуу жаманатты кылыш үчүн мени качып кетти деген маалыматты таратышкан. Саат түнкү он бирден өткөндөн кийин эртеси күнү эле таң атпай ошол чегара кызматы, анын артында турган бийликтегилер атайын жаманатты кылыш үчүн мени качкын кылып жиберишти. Бирок мен эч кандай качкан жерим жок жана качпайм дагы.

- Бишкекке качан кайтып келесиз?

- Эми билесиздер, мына баарыбыз эле байкап турабыз. Көрдүк. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул чоң элдин добушун уурдап, бардык мыйзамсыз чечимдерди кабыл алып жатышат. Көрүп жатабыз сот бийлигинин мыйзамсыз чечимдерин көрүп атабыз. Мен күнөөмдү далилдебестен, туруп мени мыйзамга каршы четтетип салышты шайлоодон. Күнөөм болсо дагы аны далилдебестен туруп, партиянын үстүнө жыйырма миллион сомду илип коюшту. Башкасын айтпай эле коёюн, Төлөйкан Исмаилова пикетке чыгып койгондугу үчүн жети суткага кесилип жатат. Эч кандай калыстык жок, мыйзамдуулук жок. Булардын уяттары да жок. Анан аларга жем болуп, оюнчук болуп бергидей мен деле… Сот бийлигине ишенишке мүмкүнчүлүк да жок. Азыр мен Алматы шаарында эле турайын деген бир чечимде болуп жатам.

- Сизге издөө жарыялангандыгы жөнүндө маалыматыңыз барбы?

- Издөө жарыялашыптыр. Мен деле качкан жерим жок. Үйүмө деле бир дагы кагаз алып келишпептир. Булардын мени издеп табайын деген деле ою жок болуш керек. Мен эмне үчүн Алматыга келгенимдин себебин айтып берейин: билесиздер мага деле кол салуулар болгон. Ошондо деле мени бийлик коргоп алган эмес. Мен таптыңарбы, ким экен десем. Ооба, бир көлдүк балдар экен, алар Алматыда качкын болуп жүрүшөт дешкен. Мен деле Алматыда жүрө турайын. Мага канча издөө жарыялашса, мага кол салган адамдарды дагы таап, ошолор менен бирге алып келишсин.

- Кайра бир аз артка кайрылсак. Бул жерде Борбордук шайлоо комиссиясынын берген маалыматына караганда мыйзамсыз, шайлоочулардын колуна жете электе расмий ачыктоо жөнүндө уруксат бериле элек кезде бюллетенди өзүңүздүн сайтыңызга жарыялады деп доомат коюлуп жатат. Сиз ошого канчалык ынанасыз? Коюлуп жаткан доо канчалык деңгээлде негиздүү?

- Мунун эч кандай негизи жок. Анын далили да жок. Эми ачыгын айтканда күлө турган нерсе. Мен эч кандай коргоосу жок, жөнөкөй кагазда, туура эмес басылып чыгып жатат деп ага чейин эки-үч күн мурун баардык жерге маалымат берип, жарыялап жүргөм. Өздөрүнүн мыйзамсыз, туура эмес кадамдарын жабыш үчүн кайра ошол күнөөнүн баарын тең менин моюнума жүктөп коюу элге белгилүү болуп эле турат. Жалпы шайлоонун жыйынтыгын бурмалап, элдин добушун уурдаган адамдар үчүн меники жөнөкөй эле тамаша болуп жатат. Анткени, көрүп жатасыздар шайлоо протоколдорунун көчүрмөлөрүн тапшырышса дагы тааныбай жатат. Абройлуу “Ата Мекен” партиясын ж. б. партияларды шайлоодон четтетип коюшту. Демек, мунун баарын көрүп жатабыз – мыйзамсыз. Калптын үстү калп болуп жатат.

- Сиз бюллетенди жарыялабай башкача жол менен аракет кылсаңыз болот беле? Же ошондой жол натыйжалуу болот деп ойлодуңузбу?

- Мунун баардыгы билесиздерби, мен жарыялайт белем же жарыялабайт белем… Жарыялаган күнү дагы ошонун үстүнөн көчүрмө жасап туруп, ар кандай фальсификацияга жол ачылат деген бул күлкүлүү нерсе. Анткени, бул бюллетендер шайлоо күнүнө чейин эле миңдеген кишилердин колуна тийет. 20-30 миң шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, канчалаган администрацияларга. Болуптур мен жасабасам да, ошону бурмалайм, фальсификация кылам деген адам ансыз деле ошол жерде сүрөткө тартабы же башка жагынан болобу кара жумуш жасаса болот эле да.

- Социал демократар партиясында лилерлердин бири элеңиз. Бүгүн айтканыңызга караганда төрага орун басарлыкты - жооптуу катчылыкты өткөрүп берген экенсиз. Бюллетень чатагына байланыштуу, албетте, сизге он бир миллион коюлуп жатат. Социал-демократтар партиясынын өзүнө 20 миллион сом тагылууда. Бул партиянын ичинде кандайдыр бир пикир келишпестикти жараткан жокпу?. Бул маселени партия жетекчилиги менен талкууладыңыздарбы?

- Менин күнөөм болгон күндө дагы жоопкерчилигимди ошол партиянын мойнуна илип коюш үчүн мыйзамдуу бир негиздер керек. Албетте, партия жетекчилери деле түшүнүп турушат, бийлик атайын социал-демократтарга каршы кысым көрсөтөлү деген аракет катары баалап жатышат. Партия, билесиздер шайлоого активдүү катышты. 11 мандат алды. Кээ бирөөлөр туура эмес түшүнүп жатышат. Булар үчүн бийлик уруксат берип, парламентке киргизип койду деп. Менин оюмча бул туура эмес. Анткени 130 миң добуштан да көп добуш топтогон социал-демократтар партиясы. 11 манданттан да көбүрөөк мандат алып, парламентте отуруш керек эле. Бирок, тилекке каршы фальсификациялардан улам алар жерде жөн эле декорация болуп отурганга шарт түзүлүп жатат.

- Мен суроого кайра кайрылайын, СДП лидерлери менен бюллетень чатагы боюнча телефон аркылуу болсо да талкууладыңыздарбы?
- Эми ар кандай сөздөр тарабадыбы. Башында кээ бир келишпестиктер да болду. Анткени, бир топ талдоочулар, оппозициялык жетекечилер Байсаловдун окуясын атайын бийликтин провокациясы, СДПнын баркын көтөрүү үчүн жасалган аракет катары баалашса, социал-демократиялык партиянын кээ бир жетекчилери «Сен «Ата мекен» үчүн иштеп атасың, ошол партияны каттоодон чыгарыш үчүн ушуну жасадың» деген да түшүнбөстүктөр болду. Бирок, билесиздер, бир аз күндөн кийин эле, мисалы, ошол эле Өмүрбек Бабановдун жарандыгын алып койгон мыйзамсыз чечимдер болду. Андан кийин дагы бир канча аракеттерден кийин Алмаз Шаршенович (Атамбаев – СДП лидери) деле, башка жетекчилер деле туура түшүнүп, мени колдошту. Ал үчүн мен, албетте, рахматымды айтам. Бирок ушул провокация, албетте, партияга да каршы. Негизинен жанагынча бюллетенди жокко чыгарып, мени отургузуп, мага каршы кылмыш козгоп, мени кылмышкер кылыш үчүн жасалып атат. Бул менден өч алуу аракеттери болуп атат.

- Эдил шайлоо тыянактары, өзүңүз билесиз, ар кандай талкууну жаратууда. Ушу тапта «Ата мекен» партиясы тыянактарына катуу каршылык билдирип жаткан кез ушу тапта. Сиз да байкоо жүргүзгөндүрсүз, бааңыз кандай?

- Эми акыйкат деп айтууга болбойт. 2005-жылдагыдан да катуу фальсификация болду. Мунун баарын шайлоого чейин эле көрүп турдук. КТРге эч кандай мүмкүнчүлүк болгон жок. Саат он бирден кийин берип атты. Жер-жерлерде мыйзамcыз аракеттер болуп атканын көрүп аттык. Шайлоо күндөрү мен өзүм көргөн жокмун. Бирок, угуп аттык, жалгыз эле бир факт да, көз карандысыз байкоочулардын колунда Ош шаарынан «Ата мекен» 3 миң, 4 миң добуш алгандыгы тууралуу протоколдор турат. Аны сот тааныбастан, четке кагып атат. Ушуну мыйзамдуу деп айтса болобу? Бул акыйкатсыздык. Ушундан улам дагы бир жолу кайталап коеюн, элдин добушун, саясий эркин тебелеп-тепсеген, эч кандай эл аралык уюмдардан уялбаган, элинен коркпогон бийликтен менин жеке ишимде мыйзамдуулукту, акыйкаттыкты күтсө болобу? Болбойт.

- Эдил мырза, азыр кандай ишмердүүлүк менен алектенип атасыз ушу кезде?

- Мен үч-төрт ай катуу иштеп, абдан чарчаптырмын. Көп кишилер туура эмес көрүп атышат, прессага чыкпай койдуң деп. Мен бул жерде отуруп алып кичине эсе алып, өзүмө келдим. Көп нерселерди талдап-эледим. Акыркы эки жылдагы эле эмес, мен саясатка аралашып, көргөн беш-алты жалдардагы окуяларды талдап, балким, жазсам, эл менен бөлүшөйүн деген оюм бар. Бирок, бир сөздү айтып коеюн, бул качып кетти, баш паанек сурап атат, башка жерге бир качкын болуп кетет экен деп мени жаман атты кылган сөздөр толугу менен туура эмес. Кыргызстанда акыйкатсыздык болуп атат. Мен буга каршы күрөшөм, Кыргызстанда боломбу, Казакстанда боломбу, башка жерде боломбу. Мен буга чейин аткарган жумушумдан да, жолумдан да кайтпайм. Мен Акаев менен да кармашкам, кубалап чыккам. Азыркы кишилерди кубалап чыксам да, өз жолумдан кайтпайм.

- Башкача айтканда, сиз саясаттан кетпейсиз?

- Саясаттан мен кетпейм. Саясатчы боломбу, укук коргоочу боломбу, элим үчүн акты –ак, караны – кара деп, бул жолумдан кайтпайм.

- Рахмат маегиңизге.

Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек

САРТПАЙ ЖАЙЧИБЕКОВ: АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА АЙЫПТУУЛАРГА СОТ ЖЕҢИЛ ЖАЗА БЕРИП КОЙДУ

Бүгүн республикалык аскер соту Жалалабатта Аксы окуясы боюнча айыпталуучулар менен жабырлануучулардын апелляциялык арыздарын караганы турат. Былтыр күздө гарнизондук сот Аксы окуясы боюнча кайра козголгон ишти карап, экc-облпрокурор Зоотбек Кудайбергенов менен облмилициянын мурдагы башчысы Кубанычбек Токобаевди беш жылдан шарттуу кескен. Президенттик администрациянын ошол кездеги башчысы Аманбек Карыпкуловдун иши ден-соолугуна байланыштуу убактылуу токтотулган. Аксылык жабырлануучулардын адвокаты Сартпай Жайчыбеков иштин азыркы жагдайын “Азаттыкка” баяндап берди.

- Айыпталуучулардын арызы түшүнүктүү, Аксы окуясы боюнча абыл алынган гарнизондук соттун чечими жабырланучуларды эмне үчүн ынандыралбай жатат. Соттон эмнени талап кылып жатышат?

- Жабырлануучуларды ынандыралбаган себеби - Бишкек шаардык гарнизондук сотунун чыгарган өкүмү өтө эле жеңил чыгып калган, жаза кылмыштын деңгээлине татыктуу эмес. Ошон үчүн жабырлануучулар нааразы болуу менен иш кайрадан каралышы керек деген талабы менен апелляциялык арыз менен кайрылышкан.

- Бул жерде жаза тарткан адамдар жөнүндө эле сөз болуп атабы, же кошумча шектелген адамдарды дагы айыпка тартыш керек деген маселе барбы бул жерде?

- Бул жерде Аксы окуясы боюнча кылмышка катышкан адамдардын баарысы жоопко тартылыш керек деген талап болуп атат, дагы боло бериши да мүмкүн. Бирок бүгүнкү күндө иш ачылгандар боюнча эле жазылган апелляциялык арыз, Кудайбергенов, Токобаев, Дубанаев, Урманаев боюнча.

- Эми сотто талаптарды канаттандырарына ишеним барбы, кандай болушу мүмкүн сизде божомол барбы?

- Менде азыр сот буларга кандайдыр бир өкүм кабыл алат, же өкүмгө өзгөртүү киргизет деген ой жок. Себеби азыр кайра ой пайда болуп атат, жеңилдетүүчү жагдайда өкүм кабыл алат, же болбосо актап жиберет деген. Ага түзүлгөн саясий кырдаалдар, шарттар ошондой ойлонушка аргасыз кылып атат.

- Бир топ жабырлануучулар Аксы окуясы териштирилиши үчүн ошол кездеги премьер-министр Бакиев да келиши керек эле деген бир топ талаптарды коюп атышты эле. Сиз кандай ойлойсуз, ошонун зарылдыгы эгерде сиздер кайрадан жанагыдай кайрылууларды, арыздарды сотко улантсаңыздар?

- Биринчиден, Курманбек Бакиевдин келиши зарыл деген талап болгон эмес. Экинчиден, тергөө материалдары боюнча тергөөчү Курманбек Бакиевди суракка алуу боюнча маселе караган эмес. Бирок жабырлануучулардын ичинде эгерде “Лица” деген гезитине Курманбек Бакиевдин кол коюп чыгарган “Тайфун” операциясы чыккандан кийин аксылыктардан жооп бериш керек деген ой талап, суроо бар.

- Сиздер дагы жаңы арыздар менен кайрылышыңыздар мүмкүнбү?

- Аны азырынча айта албайм, жабырлануучулар менен сүйлөшүп анан кийин чечишибиз мүмкүн.

- Маегиңизге ырахмат.

АКСЫ ОКУЯСЫНЫН АЯГЫ КӨРҮНБӨЙТ

Бүгүн Кыргызстандын Аскер соту Аксы окуясы боюнча жабырлануучулар менен айыпталуучулардын аппеляциялык арызын Жалалабад шаарында карайт. Арыз ээлери Бишкек гарнизондук сотунун өткөн жылдын 23-октябрында чыгарган өкүмүнө нааразылык билдирип, республикалык аскер сотуна кайрылышкан.

Беш жылдан ашык мезгилден бери созулуп келаткан Аксы каргашасынын жабырлануучулары сот айыпталуучуларга жеңил жаза берди деп нааразы болушса, жаза алгандар сот натуура чечим чыгарды деп республикалык aскер сотуна кайрылышкан. Жабыр тарткан Аксы окуясы болгон 2002-жылы Жалалабад облусунун прокурору болуп турган Зоотбек Кудайбергенов менен областтык милициянын ошол кездеги башчысы Кубанычбек Токобаевди эле 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен 5 жылга эркинен ажыратып, окуяга түздөн-түз катышы бар деген бийлик өкүлдөрүнүн жоопко тартылбаганы көз көрүнөө ооз жапмай болгон дешет. Ал эми Зоотбек Кудайбергенов менен Кубанычбек Токобаев болсо жүрүшкө чыккан аксылыктардын атылуусуна күнөөбүз жок деп нааразы.

Жабыр тарткандардын укугун коргоп келаткан адвокат Сартпай Жайчыбеков сот бул жолу деле адилет чечим чыгарат деп ишенбей, себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

-Себеби, мамлекеттин кызыкчылыгы менен саясий эрк жок.

Аксы окуясынын алдында камакка алынып, 2005-жылдан кийин окуяны кайрадан иликтөөгө алдырган мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров да бул каргашанын аягына адилет чекит коюларына ишенбейт. Ал азыркы бийлик окуяга чыныгы күнөөлүүлөрдү жоопко тартмак түгүл, тескерисинче, буга чейинки сотто шарттуу түрдө жаза алгандарды актаган жатат дейт:

- Аксы окуясынын аягына чыгармак түгүл революциядан кийин ачылган 3 кылмыш ишин бекитип, Башкы прокуратура өзүндө кармап отурат. Коомчулуктун гана көңүлүн жайгарыш үчүн эптеп-септеп Токобаев, Кудайбергенов, Урманаев жана Карыпкуловду сотко берген. Бирок, мен шайлоо маалында бир нерсени байкадым. Кочкордо Токобаев өзү баш болуп, урук- тууганы менен кошо “Ак жол” партиясы үчүн чуркап жүрүштү. Демек, бардыгын актатып, окуянын аягына чыкпайт. Анткени, азыркы бийликтин арасында башкы күнөөкөрлөрдүн көбү отурат.

Өткөн жылдын 17-мартында окуянын 5 жылдыгына арналып, Аксыда өткөн эскерүү жыйынына президент Курманбек Бакиев катышып, күнөөлүүлөрдү табууга жакшы аракет кылган эмес деп, 2005-жылы Баш прокурор болгон Азимбек Бекназаровдун өзүн кинелей кеткен. Бекназаров болсо Башкы прокурор кезинде иликтенген ишти улантууга кийинки бийлик өкүлдөрү кызыккан жери жок деп, иштин аягына чыгуу мөөнөтүн так айтууну президенттен талап кылган. Ал эми Бекназаров Баш прокурор кезинде ишти кайра иликтеген тергөөчү Нурлан Жээналиев Аксы окуясы болгон жерде милициянын атайын бөлүгүнүн 12 кызматкери болуп, автоматы бар төрт милиционердин экөө адамдарды көздөй ок чыгарып, экөө асманга аткандыгы аныкталгандыгын, бирок, Бекназаров кызматтан кеткенден кийин ага эч ким кызыкпагандыгын айткан. Андан кийин Жогорку Кеңеш окуяны иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгын карап, экс-президент Акаев менен азыркы президент Бакиев сотто көрсөтмө беришсин деген чечим кабыл алган. Бирок, ал аткарылгган эмес. Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда таратылышына ошол чечим да башкы себеп болду дейт Азимбек Бекназаров:

- Анткени, Акаевдин дагы, Бакиевдин дагы кол тийбестигин алыш керек болчу. Парламент ошол багытта иш алып бараткан.

Азимбек Бекназаров бул иштин аягына чыгуу аракети эртеби, кечпи мамлекет башчылары көрсөтмө бермейинче басылбай тургандыгын баса белгиледи.

Ал эми адам укуктары боюнча президент алдындагы комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун азыркы президент Бакиев көрсөтмө берүүгө даяр деп, аны мыйзам чегинде талап кылбай жаткан Башкы прокуратурага кине такты:

- Курманбек Салиевич түшүнүк берем деп өзү айткан, ал менин жадымда бар. Азыркы Башкы прокурор сураш керек. Менимче президент андан баш тартпайт. Анан өзүлөрү эле кошомат кылып, коркок билиш кылып сурабаса президент кайдан билет. Сураса Бакиев баш тартпайт. Сот менен прокуратура чакырсын, чакырса баш тартпай барат же өкүлүн жиберет. Барбай койсо, анан күнөөлөсө болот, туурабы? -дейт Т.Акун.

ТОКТОМ ТОКУЛГАН, ИШ СОТТО

Бекташ Шамшиев, Бишкек Бишкек шаар кеңешинин көчө жыйын, нааразылык иш-чараларын белгиленген гана жерлерде, жергиликтүү жетекчиликке алдын-ала кабарлагандан кийин өткөрүү тууралуу өткөн жылдын 30-ноябрындагы токтомун айрым бейөкмөт уюмдар сотко беришкен. Андай токтомду Бишкек шаар кеңеши 1994-жылы, андан кийин 2004-жылы кабыл алган. Шаар кеңештин токтому Башмыйзамга кайчы келерин ырастап, 2004-жылы Конституциялык сот анын айрым пункттарын мыйзамсыз деп тапса, 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин шаар кеңеш депутаттары токтомун толугу менен жараксызга чыгарышкан.

Башкалаа кеңешинин айрым депутаттары менен шаар башчысы Данияр Үсөнов нааразылык иш-чараларын белгиленген жерде өткөрүү зарылдыгын кийинки жылдарда өтөле арбып кеткен көчө жыйын, пикеттерден шаардыктар тажагандыгына байланыштуу түшүндүрүшөт. Маселен, Бишкек шаар кеңешинин депутаты Абдыгул Чотбаев көпчүлүк катышкан нааразылык иш-чараларын атайын белгиленген жерлерде өткөрүү туура деген пикирде.

- Ошо жыйындарга катышкандар кимдер? Жумуш жок, бүт Кыргызстандан, жер-жерлерден келген кишилер катышып жатпайбы. Катышканда да жөн катышпай, акчага сатылып катышып жатышпайбы. Ошон үчүн, менин оюмча, шаарга тынчтык керек.

Ал эми Бишкек шаар башчысы Данияр Үсөнов бул демилгени жергиликтүү жетекчилер өз алдынча көтөрүп чыгышканын айтат.

- Бизге бирөө өйдө жактан демилге кылып чыккан эмес. Биз өзүбүз көтөрдүк. Өзүбүздүн шаарыбызда тартип орнотолу деп чечтик.

Бирок да башкалаа мыйзамчыларынын баары эле эски-жаңы демилгени бирооздон колдоп ийишкен жери жок. Депутат Нуржамал Байболова шаар кеңештен өткөрүлгөн токтом жогортон түшүрүлгөн документ экенин билдирди.

- Жанагы жыйындар, нааразылыктар болгондон кийин 2007-жылдын ноябрына чейин эки жолу киргизилген ушул токтом. Токтом А.Ногоев аркылуу эки жолу киргизилген. А.Ногоевге ал токтом Акүйдөн келген, Акүйдөн сунушталган.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Динара Ошурахунова Бишкек шаар кеңешинин конституциялык укуктарды чектөөчү токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен айрым бейөкмөт уюмдар сотко кайрылышканын ырастап, бирок азырынча Бишкектин райондор аралык соту арызды карай электигин маалымдады.

- Биздин доо-арызды Бишкек соту караштыра элек. Биз аны күтүп жатабыз. Мен ойлойм, ушу январдын башында караштырат болуш керек. Мына, Жаңы жылдын алдында Каракол шаар кеңеши да ошондой чечим кабыл алды. Бизде Конституция бар, эң жогорку мыйзам. Конституцияда жазылып турат. Ошон үчүн биз сотко берип жатабыз. Бишкек шаар кеңешинин чечими Башмыйзамга карама-каршы.

Бишкек шаар кеңешинин өткөн жылдын 30-ноябрында кабыл алынган токтому боюнча көпчүлүк катышкан нааразылык иш-чараларын уюштуруyчулар 10 күндөн кечиктирбей жергиликтүү бийликке билдирип, ал эми көпчүлүктүн ошол бийликке карата арыз-даты Жогорку Кеңеш имаратынын алдында, Максим Горький атындагы аянтта, болбосо Жаш Гвардия менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Жаштык” багында өтүшү керек. Соңку жылдардагы көчө жыйындардын көп өтүшүнөн жүрөкзаада болгон азыркы бийлик нааразылык иш-чараларды иретке салуу демилгесин мыйзамдаштырып, аны жаңы шайланган парламенттин кароосуна коюшу деле ыктымал экенин айрым байкоочулар айтышууда. “Андай болушу толук мүмкүн,- дейт Н.Байболова.- Менин оюмча, алгачкы кабыл алчу мыйзамдардын бири ушул”.

ШЕРИКТЕШТЕР КУБОГУНА “ДОРДОЙ-ДИНАМО” КОМАНДАСЫ БАРАТ

Ар жыл сайын футболдон Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондорунун кубогу Москвада январь айында өткөрүлүп жүрчү, быйылкы таймашуу Санкт-Петербургда өткөрүлмөкчү. 18-январда Шериктештер кубогунда Кыргызстандын намысын коргоо үчүн өлкөнүн төрт жолку чемпиону Нарындын “Дордой- Динамо” командасы аттанып кетет. Быйыл алардын атаандаштары кимдер болмокчу? «Дордойчулардын» даярдыктары кандай?

Быйыл да чемпиондугун төртүнчү ирет сактап калган Нарындын «Дордой- Динамо» командасы Шериктештер кубогунда биринчи беттешүүнү 19-январда Латвиянын чемпиону «Вентспилс» командасы менен өткөрөт. Экинчи оюн 20-январда Грузиянын чемпиону «Олимпи» командасы менен болмокчу. «Дордой- Динамо» командасынын чечүүчү таймашы 22-январда Сербиянын чемпиону «ОФК» командасы менен болмокчу. Мына ушул атаандаштарын жеңсе гана чейрек финалга катышууга укук алат.

Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор кубогуна Нарындын «Дордой- Динамо» командасы дурус даярдык көрүп жаткандыгын команданын капитаны Руслан Сыдыков айтуу менен таймашуулар курч болоорун, атаандаштары күчтүү экенин билдирди.

-«Көкжардагы» жасалма кыртыштуу футбол талаасы кар алдында калып, муз болгондуктан машыгуу үзгүлтүккө учурады. 2 күндөн бери гана толук машыгууга мүмкүндүк болуп, жасалма кыртыштуу талаада оюн өткөрдүк. Санкт-Петербургда дагы мына ушундай жасалма футбол аянтында таймашуулар болмокчу. Ошондуктан күнүгө 2 маал машыгуу өткөрүп, эс алуудан кийин жигиттерди табына келтирүү аракетинде болуп жатабыз. Санкт-Петербургда атаандаштардан апкаарыбай, колдон келишинче, алдын жетишинче ойнойбуз. Калганын мелдеш көрсөтөт.

Футболчулардын машыгуулары үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн команданын экинчи машыктыруучусу Замир Жумагулов айтуу менен быйлкы атаандаштарынан эң күчтүүсү Сербиянын чемпиону “ОФК” командасы экендигин белгиледи:

- Аз убакыт калды. Машыгуулар үчүн бардык шарттарды түзүүгө жетекчилер аракет кылып жатышат. Биздин негизги аттаандаштардын чеберчилиги, деңгээли жогору. Кыргызстандагы экономикалык жагдай дагы футболго таасирин тийгизет.

Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор кубогуна катышкан Кыргызстандын командалары ар жыл сайын ири эсеп менен утулуп, уят болгонун өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов айтып, “быйыл да үмүттү «Дордой» командасы актай албайт го, себеби Европа аймагында ойногон атаандаштарга теңелүү кыйын” деди:

- Жок дегенде быйыл бир жолу тең чыгып келсе деп тилек кылып турабыз. Жыл сайын ири эсеп менен жеңилип келишип, ишеничти актабай жатышат. Быйыл өз тобун утуп, чейрек финалга чыкса деген үмүт дагы акталбай калат го. Ушундай чоң мелдештерге катышып турса гана футболдук чеберчилик жогорулайт. Негизи футболго мамлекеттик деңгээлде жардам, колдоо керек.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов айтымында, өлкөдө футболду өнүктүрүү үчүн чемпионатты жакшы жолго коюп, деңгээлин жогорулатуу зарыл. Курч беттешүүлөрдүн жоктугу чеберчиликти аксатып турат. Кыргызстандын ар бир облусунда жок дегенде бирден команда болуусу шарт.

Тилекке каршы, Чүй, Бишкек, Оштун командалары менен чектелип, чыныгы кесипкөй 2-3 футбол клубу гана иштейт. Өкмөттүк денгээлде футболго көңүл бурулмайын, мамлекеттик колдоо болмойун өлкөдө футбол өнүкпөйт. Мыкты келечектүү жигиттер коңшу өлкөлөргө кетип кала бермекчи” дейт Бообек Кадыркулов.

Нарындын «Дордой- Динамо» командасынын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов негизги оюнчуларынан сырткары да башка командалардан кошумча футболчуларды катарына кабыл албаса дагы утулушу мүмкүн дешет спорт адистери.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1992-жылдан бери ФИФАга мүчө катары эл аралык мелдештерге катышып жүрөт. Ошондой эле он беш жылдан бери өлкөнүн жеңүүчүлөрү Орусияда өтүп жүргөн Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор кубогуна катышып келүүдө. Ушул жылдар аралыгындагы 45 беттешүүдө кыргызстандык футболчулар чеке жылытаарлык ийгилик жарата албай, бир да оюнда жеңишке жетишкен эмес. Беш ирет тең чыгышкан. 40 жолу жеңилүү ызасын тартышты. Өлкөнүн чемпиону Нарындын «Дордой- Динамо» командасы Шериктештер кубогуна төрт жолу катышып, өз тобунан алдыга чыга алган эмес.

ПРЕЗИДЕНТТИН КАДРДЫК САЯСАТЫ КАЙ ЖАККА АЛЫП БАРАТ?

Айрым саясат талдоочулардын баамында, президент Курманбек Бакиев шайлоодо ишенимдүү жеңип чыгып, парламентти колго алуу менен өкмөттү өзү каалагандай түзүп алды. Бул айрыкча кыргызча билбеген Игорь Чудиновдун премьер-министрлик кызматка дайындалышында даана көрүндү, анткени ал президентке атаандаш боло албай турган техникалык гана фигура дешет. Ал эми бийлик өкүлдөрү президенттин кадрдык саясаты өлкө экономикасын өргө тартууга гана багытталганын айтышууда.

Парламенттик шайлоодо жеңип чыккан бийликтин “Ак жол” партиясы көп кечиктирбей өкмөттү түзүп, аны мурдагы Отун-энергетика жана өнөр-жай министри Игорь Чудинов жетектөөдө. Айрым саясат талдоочулар президенттин мындай кадрдык саясатын, президенттик шайлоого алдын-ала даярдык катары баалап жатышат. Бир катар саясатчылар президент Курманбек Бакиев жакын арада мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүп, кызмат убактысын жети жылга узартышы мүмкүн дешсе, бир даары өзүнө атаандаш боло ала турган фигуралардан арылуу аракети байкалууда дешет. Мурдагы мамлекеттик катчы, “Элет” партиясынын лидери Накен Касиевдин айтымында, азыркы өкмөт-башчы эч кандай таасири жок техникалык гана фигура:

- Бүгүнкү өкмөттүн түзүлүшүн мен техникалык эле өкмөт болуп калды деп ойлойм. Игорь Чудинов деле мурда экономикага деле, саясатка деле кандайдыр бир салымын кошкон эмес эле. Анан эми бул Акаев Танаевди алып келгендей болуп калды. Эми бул кыргыз тилин билбегенден кийин президенттикке талапкерлигин койгонго мүмкүнчүлүгү жок. Эл арасында да сөз жүрүп атпайбы, “президент мөөнөтүнөн мурда шайлоого барат экен, жети жылга мөөнөтүн узартат экен”,- деп. Эгер чындап эле ошондой боло турган болсо, ошого ылайыкталган премьер-министр болду бул.

Ошентсе да бийлик өкүлдөрү коомчулук саясаттагы ит-жыгылыш оюндардан тажап бүткөнүн, ошондуктан иштин көзүн билген адамдарга кызмат берип, экономиканы көтөрүү керектигин, андыктан борбордук бийликти чыңдоо зарыл болуп келгендигин айтып жатышат. “Ак жол” партиясынан депутат болгон Максат Кунакунов, “өкмөт башчыны тандоодо бир гана анын профессионалдык жетишкендигине көңүл бурулду”,- дейт:

- Биздин партия өкмөт башчыны тандап атканда профессионалдык жагын, тажрыйбасын, ишинин сапатын карап туруп Игорь Чудиновду тандаганбыз. Аны Танаевге салыштырганга болбой, анткени ал “Ак жолдо” башкача принцип менен тандалган. Башкысы ал өз ишин алып кете ала турган адам болушу керек.

Айрым саясат талдоочулардын баамында, азыркы өкмөттүн мурдагылардан эч кандай айырмасы жок. Ошол себептүү реформага муктаж, таптакыр көз каранды, коррупциядан арыла албай келаткан өкмөт жакын арада экономиканы оңдоп ийери күмөн дешет. Саясий серепчи Турат Акимовдун баамында, Кыргызстанда чоң бийлик бир колго топтолгон учурда, аны тескеп турган адам каалаганын кылып келген. Бирок андан экономика өсүп, элдин бийликке болгон ишеними жогорулап кеткен жок:

- Кыргызда сөз бар, “Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” дейт. Эми чынын айтыш керек, экономикада өзгөрүү, өнүгүү болуп кетпйт го. Биз ушул киши келатканын, ушундай болорун билип эле турдук да. Кептин баары мунун кандай максатта жасалганында.

Экономисттердин баамында, акыркы тапта инфляция өсүп, кымбатчылык кыргыз элин желкелеп турганда олуттуу өзгөрүүлөр орун албаса нааразычылык күчөй бериши мүмкүн. Андыктан бийлик өз ордун бекемдөө менен гана алек болбой, экономикага жүз буруусу абзел дешет.

ЧОЛПОН ЖАКУПОВА: КЫРГЫЗСТАНДА МЫЙЗАМ САКТАЛБАЙ КАЛДЫ

БШКнын төрайымы Клара Кабиловага Кылмыш Жаза кодексинин 316-беренеси “Шалаакылык” боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу “Ата Мекен” партиясы өткөн жыл соңунда Башкы прокуратурага доо арыз жолдогон. Партиянын өкүлдөрүнүн айтуусунда Башкы прокуратура аликүнчө бул маселе боюнча эч кандай жооп бере элек. Бул Кыргызстандагы мыйзамдуулуктун сакталбагандыгынын дагы бир далили, дешет “ата мекенчилер”. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси эмгек эс алуусунда жүргөндүгүнө байланыштуу бул маселе боюнча маалымат бере албастыгын айтты. Буга чейин Кабилова парламенттик шайлоо мыйзамдын чегинде өткөнүн жарыялаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлоо Кодексиндеги нормаларды сактабагандыгы жана шайлоочулардын добушун саноодо мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн БШКнын төрайымы Клара Кабиловага Кылмыш Жаза кодексинин 316-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча жыл соңунда «Ата Мекен» партиясы Башкы прокуратурага доо арыз жолдогон эле. Жогорудагы беренеде «Шалаакылык, башкача айтканда, кызмат адамы кызматына кайдыгер мамиледен улам өзүнүн милдеттерин аткарбаса, эгерде бул атуулдардын, уюмдардын укуктарын олуттуу бузууга алып келсе эң аз айлык акынын жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып төлөм салынат, же болбосо алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат», -деп көрсөтүлгөн.

Мыйзамдуулукту көзөмөл кылуучу негизги орган бул маселе боюнча «Ата Мекен» партиясына жообун бере элек, дейт партиянын БШКдагы өкүлү Чолпон Жакупова.

-Башкы прокуратура ушул кезге чейин расмий жооп бере элек. Бирок жаңы жылдын алдында БШКнын төрайымы Клара Кабилова бизге беш кат жибериптир. Арткы число менен жазылган жооп катта кетирген каталыктарын жабууга аракет кылыптыр.

Жакупова белгилегендей «Ата Мекен» партиясы БШКга шайлоодо мыйзам бузуулар боюнча 400 чукул арыз жолдошкон, бирок эч кандай жооп алышкан эмес.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси эмгек эс алуусунда жүргөндүгүнө байланыштуу бул маселе боюнча маалымат бере албастыгын билдирди.

Ал эми парламенттик чукул шайлоо канчалык деңгээлде мыйзамдуу өткөнү тууралуу БШКнын айрым мүчөлөрүнө, уюштуруу жана укуктук бөлүмүнө, басма сөз кызматына суроо узатканыбызда алар бул маселеге байланыштуу кандайдыр бир комментарий берүүдөн караманча баш тартышты.

БШКнын төрайымы Клара Кабилова менен байланышууга эч кандай мүмкүнчүлүк болгон жок. Анын кабылдамасындагы катчы, төрайымдын колу бош эместигин айтып, биздин сурообузду жоопсуз калтырды. Бирок Кабилова парламенттик шайлоонун жыйынтыгында шайлоо акыйкат, таза, мыйзамдын чегинде өткөнүн жарыялаган эле.

Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров да парламенттик шайлоо негизинен мыйзамдын чегинде өткөнүн белгилеп, шайлоодо талаш-тартыштар боло берерин «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде баса белгилеген.

«Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Чолпон Жакупова Кыргызстанда мыйзамдуулуктун сакталбагандыганан улам сот адилеттиктен тайып, шайлоолор бурмалоо менен өткөрүлүүдө, дейт.

-Бизде мыйзам такыр иштебей калды. Ак үйдүн жетинчи кабатынан бирөө телефон чалса мыйзам биртике иштемиш болуп калат. Азыркы бийлик мыйзамды каалаганындай калчап, элдин укуктары менен эсептешпей калды.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын мүчөсү, укук коргоочу Бакыт Рысбековдун пикиринде да Кыргызстанда мыйзам колунда бар адамдардын кызыкчылыгына иштеп, колунда жок адамдар үчүн иштебей же тескери иштөөдө.

БИЙЛИК БУТАКТАРЫНЫН ОРТОСУНДА ТЕҢ САЛМАК БАРБЫ?

Өткөн жылы референдумда жаңы конституциянын кабыл алынышы менен Кыргызстанда кандай бийлик системасы түзүлдү. Ал системада бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталдыбы?

Жаңы Конституцияга ылайык Кыргызстанда президенттик-парламенттик бийлик системасы түзүлгөнү айтылып келет. Бирок оппозиция өкүлдөрү жаңы Конституцияда президенттин бийлиги ченемсиз күчөтүлүп, муну менен бийлик бутактарынын тең салмактуулугу бузулганын билдиришүүдө. Буга байланыштуу алар жаңы конституциялык реформа, Шайлоо Кодексин өзгөртүү маселесин көтөрүшүүдө.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, белгилүү саясатчы Абдыганы Эркебаевдин пикиринде, Кыргызстанда азыркы кезде бийлик бутактарынын балансы бузулуп, өлкө 1996-жылдагы Конституцияга кайтып келип олтурат:

-Менимче, бул жаңы редакция 1996-жылкы Конституциянын редакциясына кайра жакындагандай болду. Себеби, президенттин ыйгарым-укуктары ошондогудай абдан көбөйтүлдү. Партиялык тизме менен парламентик шайлоо, жеңген партияга өкмөттү түзүүгө мүмкүнчүлүк берүү алга кадам. Бирок аны ишке ашыруудагы бийликтин аракеттери ойго салат. Принцибинде, идея боюнча парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен партиянын лидери өкмөт башчы болууга тийиш. Бүт дүйнөдө ушундай. Ал эми жаңы шайланган биздин өкмөт башчы саясий лидер да эмес, ал жөн гана президенттин эркин аткаруучу экинчи Танаев.

Бийликтин бир адамдын колуна чогулушу түбү жакшылыкка алып келбейт дейт Эркебаев:

- Бул түздөн-түз эле экономикалык жана саясий эркиндиктердин, адам укуктарынын чектелишине алып келет.Качан да болсо бийликтин бир жерге топтолушу жакшылыкка алып келбейт. Бул кайрадан эле нааразычылыктарга, кайрадан эле толкундоолорго, кайрадан эле революцияга алып барат.

Белгилүү саясат таануучу Валентин Богатырев азыркы кырдаалды демократия телчигип жаткан мезгилге мүнөздүү көрүнүш катары баалап, ошого жараша кемчиликтер бар экенин белгиледи. Ошол эле мезгилде оппозицияда парламенттик шайлоодо жеңишке жетишүүгө, андан кийин өкмөттү түзүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтып, буларга токтолду:

-Мына карап көрүңүз, АКШнын Конгрессинде демократтар көпчүлүктү түзүп, ошол эле кезде демократ президент болсо-анда кандай система болот? Бул кадимки нормалдуу система да. Бардык өлкөлөрдө дал ушундай жол менен система натыйжалуу иштейт. Биздин бийлик системасында азыр бир багытты көздөгөн президент менен парламент пайда болду. Аны балансташкан система айтуу кыйын. Бирок бизде азыр ушундай система түзүлүп турат.

Сот бийлигигинин көз карандысыздык маселесине токтолгон Богатырев, жергиликтүү соттор буга чейин парламенттен көз каранды болсо, эми президенттен көз каранды. Чындыгында соттор мурда кандай болсо ошондой эле абалда калууда. «Мурда алар 75 адамдын көзүн караса, эми бир адамды карап калышты»,- деп белгиледи Богатырев.

СУЛАЙМАН ТООГО КЕЛАТКАН ИНВЕСТИЦИЯБЫ ЖЕ ДИВЕРСИЯБЫ?

«Экинчи Мекке» атыккан Сулайман тоо сатылат экен» дегенин уккан жергиликтүү коомчулук өзүнчө кыжаалат. Ал эми Ош шаарынын жетекчилиги мындай ниети жоктугун, болгону Сулайман тоого асма жол салууга киришип, инвестиция караштырып жатышкандыгын айтышууда.

ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы баш катчысы Жыпар Жекшеевдин маалыматына караганда, Ош шаарындагы Сулайман тоо - жалпы адамзатка таандык маданий-тарыхый мурастардын бири. Ага жыл сайын жүз миңдеген туристтер атайылап келип, уникалдуулугуна суктанып, а түгүл зыярат кылып кайтышат. Бирок, эл аралык уюмдун өкүлү баса белгилегендей, акыркы мезгилде Ош шаар жетекчилиги тиешелүү министрликтер менен бир ооз акылдашпастан, Ата мекендик жана дүйнөлүк бир катар мыйзамдарды одоно бузуп, маанилүү обьектинин үстүнө асма жол куруу үчүн «Сателлит-2005» жоопкерчилиги чектелген коомуна (директору Адыл Мырзаматов) уруксат берип жиберген.

«Ош шаарынын ардактуу атуулу», белгилүү коомдук ишмер Абдылда Капаров «Сулайман тоого асма жол куруу – жөн эле шылтоо, түпкүлүгүндө калаа башчылары аны сатуунун камын жешүүдө. Чайкоочулуктун, бейбаштыктын да эби-чени бар, Президент Бакиев олуттуу көңүл бурбаса, мындан тополоң тутанат» деп кыжаалат.

- Бул бүткүл дүйнөлүк мыйзамга туура келбейт. Муну шаардын кээ бир аттуу-баштуу чиновниктери өздөрүнүн финансы абалын оңдоп алуу үчүн эле чыгарып аткан нерсе. Сулайман тоосуна арак иче турган, кумар ойной турган бейбаштарга канаттык жолун салып бере турган болсок, эртең эле жок болот. Аендан башка шаарда экономикалык пробемалар жокпу, ошону оңдобойбу. Ата-бабалардан калган жердин бардыгын жок кыла турган болушту. Муну президент өзүнүн бийлигине салып чечпесе, шаардын бүткүл чиновниктери бейбаш болуп чыгып кетти, - дейт Абдылда Капаров.

Кыргызстан Жазуучулар Союзунун Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы Абдурашит Урбаев «Кылчакташтын кажети жок, рынок үстөмдүгүнө баш ийгенибиз оң. Ыйык жайга аркан жол салынып калса, туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө жаралат» деген ишеничте.

- Сулайман тоону ыйык тоо деп эле туш-тарабынан курчалган объектиге айландырбашыбыз керек. Канат жолу курулса ал жерге эл чыгып сыйынганына жакшы болот. Ал жолдун курулушу туризмди өнүктүрүү боюнча да туура болот. Ошон үчүн бул маселе канчалык тезирээк чечилсе ошончолук жакшы болот, - деди Абдурашит Урбаев.

Көрүнүктүү эколог, академик Биймырза Токторалиев Сулайман тоого акыркы убактарда жергиликтүү бийлик тарабынан жасалып жаткан көңүлкош мамиле мамлекеттик диверсия өңдөнөт деген шектенүүсүн:

- Зыянды акча менен өлчөп да болбойт. Бул мамлекеттик диверсиябы деген да ойго келип атам, - ушинтип ачыктады.

Ош шаар мэри Жумадыл Исаков асма жол – коммерциялык долбоор экендигин жашырган жок. Бирок, бара-бара Сулаймантоону менчиктештирүү ойлору жоктугун, курулуш бүтүп калса, үзүрүн шаардыктар көрөөрүн, дүйнөнүн булуң-бурчунан зыярат кылгандардын саны көбөйүп, калаа казынасына миллиондогон каражаттар түшөөрүн кошумчалады.

- Жол курабыз деген компания азыр түздөн түз инвесторлор менен иштешип атат. Бул коммерициялык долбоор. Себеби канча акча сарыптаса, ашып кетсе 3 жылда сарыпталган акчаны актайт. Болуп калса туристтер келет, салык түшөт. Бюджетине салым кошулат. Сулайман тоону менчиктештирип алса туура болот деп ойлойм, - деди Жумадыл Исаков.

АЖЫЛЫК САПАР КАНДАЙ АЯКТАДЫ?

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы Тойгонбек Калматов ажылык сапар кандай жыйынтыкталганын “Азаттыкка” айтып берди.

- Расмий маалыматка караганда ажылыкка барган мусулмандар дээрлик кайтып келишти. Зыяратчылыкты уюштурууда башкы өксүк кайсы болду, бул маселенин кайсы өңүтү сиздерге сабак болчудай?

- Ажылык сапар Кудай буюрса эч кандай чыр-чатаксыз, жакшы, аман эсен аяктады. Бирок ошого карабастан уюштуруу иштеринде субъективдүү, объективдүү негизде анча-мынча кетирилген кемчиликтер, жетишпегендиктер болду. Биз муну ачык айтып, так маалымат беришибиз керек. Айрыкча биздин Кыргызстандагы учак компаниялардын чабалдыгы, формасы бар бирок мазмуну жоктугу. Бишкек-Жигде, Ош-Жигде деген маршруттарды тейлөөгө таптакыр мүмкүндүгү жок экен. Бул багытта чабалдык кылды. Ошондуктан быйылкы ажылыкты уюштурууда бул маселе сөзсүз эрте жазда абдан тыкандык менен, керек болсо тийиштүү эл аралык компаниялар менен дагы иш жүргүзүп, муну колго албаса бул кыйла проблема боло тургандай болуп калды.

Экинчи өксүк - биздин Кыргызстандагы жарандарыбыз мыйзам менен эмес түшүнүк менен жашап калгандыгы бизди абдан өкүндүрөт. Себеби телерадиодон, ММКлардан элге жетээрлик деңгээлде биз түшүндүрүп айттык, быйыл ажылык сапар учак менен гана болорун. Бардыгы мыйзам чегинде, шараттын жолу менен жүргүзүлөрүн жеткирдик. Бирок ошого карабастан, ушул мыйзамга баш ийбестен, шариаттын жолдоруна карама-каршы келген өздөрүнүн иш аракеттерин токтото албастан, кээ бирлери автобус менен чыгууга аракет кылгандары өкүнүчтүү.

- Азыр Аравияга унаа менен кеткендердин арты кайтып келе элек деп атышат. Эмне үчүн ушундайга жол берилип атат. Адатта расмий тастыктоосуз чет өлкө бaары бир кабыл албайт да?

- Абдан туура. Биринчи иретте алсак, Ноокат районунан Кызылкыйыт деген айылынын мечитинин имамы Исаков Манас деген киши, Жалалабат облусунун Базаркоргон районунан Талипжан Алимжанов жана башка адамдар канчалык айтып тыюу салганга карабастан башка Казакстан, Орусия аркылуу туура эмес визаларды алып, андан тышкары визасыз автобус менен чыгып алып элди кыйнап, канча каражаттарын кетирип, кыйынчылыктарды баштарынан өткөрүштү. Бул инсандан аман-эсен кайра келсе, биздин укук коргоо органдар мыйзам чегинде булардын жасаган иштерине баа берет.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

ТУРСУНБЕК АКУН: 575 ҮЙ ЖАШООГО ЖАРАКСЫЗ

Адам укуктары боюнча президентке караштуу комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун Ош областындагы жер титирөө болгон айыл-кыштактарга барып, ал жактагы элдин акыбалы менен таанышып келди.

- Сиз Оштон түндө кайтып келген экенсиз. Жер титирөөдө айрыкча Карасөгөт, Лаңгар өңдүү бир топ айылдар катуу жабыркады деп атышат. Сиз ал жерлерде боло алдыңызбы?

- Мен атайын комиссиянын атынан администрациянын жетекчилери менен, губернатордун орунбасарлары менен барып кыдырып келдик. Эң катуу жабыркаган Лаңгар, Жетимлаңгар айылдары экен, аларды кыдырып келдик. Ал эми Тогузбулакка чейин жете алган жокмун. Абал өтө эле оор, жабыркаган үйлөрдө элдер жашабайт. Акыркы маалымат боюнча 575 үй толугу менен жараксыз деп табылды, ал үйлөрдө жашаганга болбойт. Биз ар бир үйгө кирип көрдүк, чын эле үйлөрдүн жарымы кулап калган, аябай катуу ажырап кеткен.

- Ошол жер титирөөдөн жабыркаган жабырлануучулардын өздөрү менен жолугуштуңузбу. Мисалы, алардын көпчүлүгү айтып атышат колдоо жетишсиз болуп жатат деп. Ошонун себептерин иликтедиңизби?

- Мен биринчиден Ташбулак деген айыл бар экен, ошол жерде профтехлицейдин жатаканасында Тогузбулактан, башка жактардан көчүп келишип 62 үй-бүлө, 200дөн ашык адам келип жашап аткан экен. Ошолордун бардыгы менен жолугушуп, ар биринин бөлмөсүндө кирип чыгып, алар менен чогулуш өткөрдүк. Алар айтат, мамлекеттик, райондук администрация убагында келип жардам берип, ушул жака көчүрдү, биз үйүбүздө болсок болот эле, бийлик бизди ушул жака алып келди, бирок биз адегенде макул болбой аттык эле, кийин макул болгонубуз туура болуптур, анткени жаш балдар, аялдар, чалдар үшүп калмак экен деп.

- Чатырда тургандарга бардыңызбы?

- Мен аларга жете албай калдым. Берки Башбулак айылындагылардын бардыгы менен сүйлөштүм, алар айтат жылуу, бир маал ысык тамак берип атат дейт. Алардын ыраазычылыгын уктум.

- Ошол жерде дагы өзүңүз деле уккандырсыз, президент келип ал-акыбалды сурабайт деп нааразы болгондор аз эмес деп атышат. Ал эмес айрым тургундар бийлик жетекчилер шайлоо болгондо гана келишет деп атышат. Президент ал жерге качан барышы мүмкүн, маалыматыңыз барбы?

- Мен ал боюнча айта албайм. Бирок сөзсүз түрдө эле президент барыш керек деп айтуу туура эмес. Анткени президент болуп аткан абалдын бардыгын өзүнүн көзөмөлүндө кармап турат, бaарыбызды жиберип атат ошол жерге, администрациянын атынан биринчилерден болуп мен барып келдим. Менден кийин да көп адамдар барат. Мен барган күнү премьер-министр Чудинов, андан кийин Баекова барып кетти. Бир топ депутаттар жардам берип кетишти. Ошол жерде облустук губернатор күнүгө беш жолу кыдырып атат. Өзгөчө министрликтен барып атат. Сөзсүз түрдө эле президент барыш керек эмес. Жыйынтык болгондо, тиешелүү уюштуруу иштер жүргүзүлүп бүткөндөн кийин барыш керек деп ойлойм. Бирок эртели-кеч президент сөзсүз түрдө барыш керек. Бирок жанагыдай нааразылыктарды мен уга алган жокмун.

- Гуманитардык жардамдарга кызыгып көрдүңүзбү?

- Гуманитардык жардамдар боюнча мен маалыматтарын алдым. Ал жерде атайын фирмалар, фонддор колунан келген жардамдарын берип атышыптыр. Ошолордун бардыгын бөлүштүрүүдө тиешелүү түрдө жер-жерлерде комиссия түзүлгөн. Ар бир айылдарда айылдын абройлуу адамдарын, аялдарды, жаштарды катыштырган комиссиялар бар. Келген жардамды элге бөлүп берип атыптыр айылдагы комиссиянын аркасы менен. Бул жерде райондук, облустук администрация, же республикадан эч кандай кийлигишкен жок.

- Маегиңизге ырахмат.

“ДЕ-ФАКТО” ГЕЗИТИ БИЙЛИККЕ ЭМНЕ ҮЧҮН ОППОЗИЦИЯДА ТУРАТ?

“Азаттыктын” таңкы уктурууларынын кезектеги маектеши “Де факто” гезитинин негиздөөчүсү Чолпон Орозобекова болду.

- Көз карандысыз талдоочулар өткөн жылы Кыргызстанда басма сөз эркиндиги 2004-жылдын деңгээлине түшүп кетти деп баалашты. Сиз ушуга кошула аласызбы. Кыргызстандагы басма сөздүн абалына кандай баа бересиз?

- Албетте андай пикирге кошулам. Анткени азыркы учурда биздеги акыбал мактанаарлык деле эмес. Соңку эки жыл ичинде жылыштар болмок турсун кайрадан артка кеттик десек болот. Мисалы, балким коңшу өлкөлөргө, Өзбекстанга салыштырмалуу акыбалды бир аз дурус деп мактанаарбыз, бирок өтө эле начарлады десек да болот. Себеби бийлик тараптан акцияларын күч менен тартып алуу, сатып алуу жолу менен көптөгөн ММКларды баш йидирүү ишке ашты. Мисалы, бүгүнкү күндү алсак бир дагы эркин телеканал калган жок. Ошол эле 2004-жылы бирин-экин болсо дагы эркин сөздү айта алган, башка пикирди бере алган телеканалдар бар болчу. Азыркы күндө алардын бири да жок.

- Азыр журналистиканы иликтөөчүлөр маалымат каражаттарын бийликчил, оппозициячыл деп бөлүп жүрүшөт. Анда “Де-факто” маселен оппозициялык көз караштагы маалымат каражаттарынын катарында да алып жүрөт. Гезит өзү кандай принциптерди тутунат?

- Биз гезитти түптөп атканда оппозициялык болобуз деген максат менен чыккан эмеспиз, бирок соңку учурда (биздин гезиттин чыкканына бир жыл толо элек) чоң-, рефрендум, шайлоо сыяктуу чоң окуялар болуп кетпедиби. Ошолорду чагылдыруу учурунда биз оппозициялык пикирлерге да орун берип отуруп, биз өзүбүз кандай оппозициялык гезит болуп калганыбызды чынында билбей калыптырбыз.

-Ошол эле мезгилде, мисалы “Де-фактонун” аркасында оппозициялык күчтөр турат, ушул гезитти оппозициялык күчтөр негиздеген деген дагы көз караштар бар. Сиз ушуну кошо айта кетсеңиз, эмне үчүн ушундай сөздөр айтылып атат, чын эле ошондойбу?

- Оппозиция чынында биздин гезитке көп чыгат. Соңку окуялар учурунда чын эле биз алардын трибунасы болуп бердик. Себеби оппозиция кайда барат, КТР мисалы аларды жолотпосо, уктурбаса. Кечээги эле үзөңгүлөшү болуп, кечээ эле оппозицияда жүргөн Мелис Эшимканов аларды бүгүн жолотпой калды. Башка ММКлардын баары бир кылка бийликтин сөзүн сүйлөп атса, оппозиция кайда барат бизге келбегенде. Биз алардын трибунасы болуп, алардын элге жеткирбегенде анда гезиттин элге эмне кереги бар. Менин пикиримде, гезит натурасында бийликке оппозициячыл болуш керек. Бийликке жагалданган гезиттин кимге кереги бар. Ансыз деле бизде өкмөттүк гезиттер жоюлган жок. Президент бийликке келгенде аларды акционерлештирүү боюнча указ чыгарып, бийликтен ажыратам деген, ал убадасын аткарган жок. Анан ушундай толгон токой өкмөттү, бийликти жактаган гезиттин фонунда айла жок оппозициячыл болот экенсиң.

- Тили так гезитке кандайдыр бир бийлик тарабынан куугунтук болгон жери жокпу?

- Конкреттүү кадамдар баштала элек. Бирок Акүйдүн өтө эле жогорку кабатындагы адамдардан соңку 10-15 күндүн ичинде мага телефон аркылуу коркутуп-үркүтүүлөр болуп атат. Мен алардын фамилиясын азыр убактылуу айта албайм, себеби мен аларды далилдей албайм. Бирок менимче бизге дагы куугунтук башталганы турат окшойт. Телефондон жоготобуз, гезитиңерди жабабыз деген сыяктуу сөздөр башталды. Куугунтуктар эгерде болуп кала турган болсо менин эскертип коерум, биз бир 1 же 2 саясатчы эмеспиз, гезиттин аркасында миңдеген окурмандар турат.

- Маегиңизге чоң ырахмат. Ишиңиздерге ийгилик каалайбыз.

БЕКТАШ ИЛИЯСОВ: ЗИЛЗАЛАНЫН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУДАН МУРУН, АНЫН АЛДЫН-АЛУУ КЕРЕК

Маектешкен Бекташ Шамшиев, Бишкек Кийинки жылдары Кыргызстанда жер титирөөлөр көбөйө баштады. Ош облусундагы табигый кырсыктын айынан жүздөгөн үй-бүлөлөр кыштын кыраан чилдесинде үйсүз калып, урап кетчү мектептерге бара албай балдар окуудан өксүп отурушат. Табигый кырсыктардан коргонуунун амал-айласы, жер титирөөнүн сабактары өкмөт менен коомчулук тарабынан терең талданып, жыйынтыгы чыгарыла элек. Мына ушул теманын тегерегинде “Азаттыкка” окумуштуу илимпоз Бекташ Илиясов маек куруп берди.

Бекташ мырза, кийинки кездерде мына жер титирөөлөр абдан көп болуп жатат. Ушуга токтолсоңуз.

Жер титирөө Кыргызстанда болгон жана боло берчү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени, биз сейсмикалык жактан активдүү аймакта жашайбыз. Акыркы эле 30 жылдын ичинде жыйырмага жакын жер титирөө болду. Ар жыл сайын бирден жер титирөө болуп турат. Жер титирөөгө алдын ала даярдануу – илимий жактан изилдөө иштерин жүргүзүш керек. Бул боюнча үч версия бар: биринчиден, сейсмикалык жактан райондоштуруу картасы. Анда эмне көргөзүлөт? Кайсы жерде кандай күчтөгү жер титирөө болот, кайсы убакытта? Бирок бул азырынча татаал иш. Кандай кылып курулуштарды куруш керек? Мына кептин бардыгы ушунда. Түштүктө жаңы жылда болгон жер титирөө кезектеги майда жер титирөө. Мисалы салыштырмалуу Жапония, Америкага караганда бул илимий изилдөөгө керек боло турган гана маалымат. Бизде курулуштардын начардыгынан ушундай кыяматка келдик. Бул үчүн эмне кылыш керек болчу? Курулуш болуп жаткан учурда, же болбосо сейсмикалык жактан райондоштук карта бар. Ошондо көрсөтүлгөн чоңдуктарды мыйзам ченемдүү негизде бузбай, ошону пайдаланып, ылайыкташтырып курганда мындай кыйроолор болбойт эле, эл кыйналбайт эле. Мен өзүм 46 жыл сейсмологияда иштедим. Ошонун ичинде толгон-токой жер титирөөлөрдүн күбөсү болдум. Ошондо ар бир эл башкарган чоңдор, урандылардын үстүндө туруп алып, “биз жардам беребиз”,-дейт. Бирок ошонун кесептин жойгонго гана көңүл бурат. Ал эми ошонун кесептин келтирбеш үчүн бул жөнүндө эч бир сөз дагы болбойт, чампалап куруп берип, башкасына көңүл бурбайт. Мына Жапонияны алалы. Бизге караганда он эсе сейсмикалык жактан активдүү район. Мындай жер титирөөлөр аларга эч билинбейт. Ал эми Оштогу жер титирөө магнитудасына салыштырганда, эгерде Рихтердин шкаласы менен караганда 4-5 балл. Союз кезинде иштелип чыккан шкала бар: 12 баллдык, ошол боюнча 6 балл деп жатат. Эми 6 баллга туруштук бере албаган курулуш – андай курулуштун кереги жок. Ошонун ичинен көпчүлүгү мектептер. Элдин көп чогулган жеринде, беш-алты мектептин талкаланып калышы бул өзү чоң окуя. Ошондуктан эл башкаруучулар, проектный институттар, Госстрой ушул жер титирөөлөрдү анализдеп, бир жыйынтыкка келип, аны азайтууга аракет кылышы керек. Болбосо, шалаакылык болуп жатат.

Өткөн жылы болгон жер титирөөдө Кочкордо көбүн эсе турак жай коомдук жайлардан дагы көбү жараксыз болуп калды. Ал эми Баткенде “сынч” деген жыгач менен бурчтарын бекемдеп салган үйлөрдүн көбү эч нерсе болгон жок. Кыргызстандын түндүк тарабына “сынч” маданияты, ошонун үлгүсү келе элек. Ошондой болсо дагы элдин бардыгы тең эле бекем материалдар менен үй курганга мүмкүнчүлүгү жок да.

Баткендеги жер титирөө менен Кочкордогу зилзаланын күчү жагынан бирдей эле. Ал эми сейсмикалык талкаланышы эки башка болду. Өзүң айтып жаткандай, Баткен жакта көп таралган жыгачтан арматура коюп, каркастардын бардыгы жыгачтан тургузулуп, ортосун колектеп тургузган үйлөрдүн сейсмикалык жактан туруктуулугу өтө күчтүү. Биздин кыргыздын боз үйүндөй. Мына ушундан эле жыйынтык чыгарса болот. Кара кирпичтен курдурулган бир катарга койбой, колдон келсе эки катар кирпич коюлуп, ортосуна ылайды тууралап, бекемдесе бул элдик антисейсмикалык болмок. Бел курчоо айнектин ылдый жагынан жалпак болот темирби, же жалпак темирден шыбак өткөрүүнүн алдында айланта курчап туруп, бекем тарттырып, анан айнектин үстүнөн дагы ошондойду бекем тарттырса, сейсмикалык жактан туруктуулугу 25-30 пайызга чейин өсөт. Бишкектин тегерегин айтып кетиш керек. Кудай өзү сактасын! Бул өтө татаал. Кыямат мындан күчтүү болот.

Дайыма эле жер титирөө абдан коркунучтуу экендиги айтылып келе жатат. Бирок мурдагыдай эле чампаланган үйлөр дагы эле курулуп жатат. Ал эми азыр Бишкектин өзүндө, башка шаарларда деле бийик кабат үйлөр салынып жатат. Алардын кандай салынып жатканына кызыккан киши жок.

Кыргыздардын келечегинде эң оор жерлер Бишкек шаарынын тегерегинде курулуп жаткан үйлөр. Ушуга мамлекет көзөмөлдү күчөтсө жакшы болмок. Анткени элди сакташ керек. Барынан кымбаты – элдин өмүрү. Шаардын ичиндеги курулуп жаткан чоң сулуу курулуштар, өңчөй 4-5 кабаттуу имараттар. Булар антисейсмиканы кантип колдонуп жатканын мен жакшы байкаган жокмун. Анан эң өкүнүчтүүсү, курулуп бүткөн мурунку бийик 5-9 кабаттуу үйлөрдүн алдында тешип эле, ар кайсы дүкөн, ресторан, оюн зоок жайларды орнотуп жатышат. Бир тешикти жасаш үчүн айнекти чоңойтуп, эшик орноткондо 10 пайызга жакын ошонун сейсмикалык жактан туруктуулугу начар жагына өзгөрөт.

Кыргызстанда кийинки кездерде сейсмология илимине көңүл бурулуп жатабы? Сиз ушул институтта көп иштеген экенсиз.

Каржыланышы жагынан азыркы ахыбалга салыштырганда туура эле десек болот. Бирок анда кадр маселеси курч турат. Мисалы, Кыргызстандагы окуу жайлардын бирөө дагы сейсмолог же туруктуу геофизиктерди даярдабайт. Азыр ушул сейсмология институтунда жана экспедициясында жер титирөөнү жазып алган жазуусун чечмелөөгө киши калбай калды десем жаңылышпайм. Жер титирөө болгон учурда эстеп, бизди алып кетип, алып келип, биздин ойлорду укчу дагы, анан кайра унутулуп калат. Өнүккөн мамлекеттерде биринчи орунда илим изилдөө алдыга коюлат. Илим изилдөө бизде унутта калды. Академиктердин айлыгы эптеп бирине-бирин жеткиргенге гана жетет. Ошондуктан менин оюмча академиянын структурасын карап чыгыш керек. Анткени, академия пенсионерлердин клубу болуп калды. Жаштарды алып келүү үчүн айлыгын эки эсе көбөйтүү керек. Таланттуу жаштар бар, алар даярдалып чыгууда.

Маегиңиз үчүн рахмат.

ЖАҢЫ БИЙЛИК + БҮТКҮЛ ӨЛКӨНҮ МЕНЧИКТЕШТИРҮҮБҮ?

“Бишкек пресс клубуна” берген интервьюсунда мурдагы депутат Дооронбек Садырбаев эски парламентти өлкөдө приватташтырууну башташ үчүн атайылап таратты. "Мен өткөн Жогорку Кеңешти идеалдуу деп айталбайм, оппозиция анда деле майнаптуу ийгиликке жетише алган эмес, бирок канткен менен алардын айткан-дегендери аркылуу элдин кулагы чындыкты угуп туруучу. Эми тигил же бул тармакты менчиктештирем десе эчким каршы болбойт. Өлкөдө буга каршы боло турган оппозиция да жок. Ошондуктан ушул жарым жылда, керек болсо жакынкы беш жыл ичинде өлкөдө эч кандай маанилүү саясый окуя болбойт" деп билдирген. Дагы бир экс-депутат Азимбек Бекназаров, ушул эле маалымат клубу аркылуу минтип айтты: "Парламентке 2003-жылы энерготармакты менчиктештирүү үчүн А.Акаев агездеги өкмөт башчысы Н.Танаевди жиберген, парламентти макул кыла албай ал бир ай бою жүргөн, анан бир жарым айдан кийин К.Жумалиевди жөнөткөн, ага да көнгөн эмеспиз, биз он жыл бою өлкөнүн өзөгү болгон энерготармактын менчиктештирилишине каршы турганбыз. Анын менчиктештирилишине агезде И.Масалиев, мен, А.Мадумаров жана башкалар каршы болгонбуз. Алтургай парламентке А.Акаев өзү келип суранганда да макулдук берген эмеспиз. Тилекке каршы азыркы бийлик Акаев менчиктештире албай калган дал ушул тармакты менчикке бергени жатат",- деп билдирген Бекназаров мырза андан ары, өткөн жылы парламантке Ф.Кулов, андан кийин Турдумамбетов келип макул кылалбай, кийин документтерин көтөрүп А.Атамбаев келип өткөрө албай кеткенин, бүгүн эми бийликтин көктөн тилегени жерден табылганын, анткени парламент да, өкмөт да өзүнүкү экенин, эчким ооз ачып каршы боло албастыгын, ал эми Кыргызстандын эли элдин мына ушул эң кирешелүү байлыгын бир ууч чиновниктер менчиктеп алганы жатканын түшүнбөй жатканын, бул бийлик жашап турганда каалаган мыйзамдарын каалагандай өткөрүп ала берерин, мындай саясат ушул бийлик аламшканга чейин жашай берерин айтты.

Ошол эле учурда “Ак жол” партиясынын мүчөсү Табылды Орозалиев, менчиктештирүү жагдайында азырынча сөз боло электигин, депутаттар арасында да бул маселе талкууланбаганын, ошондуктан энерготармагы туурасында ар кандай ой жоруу азырынча эртелик кыларын, мына ушундай маанилүү маселелерди оппозиция ар дайым өз пайдасын үчүн пайдаланганга кынык алгандыгын билдирди.

Мына ушул энергетика маселеси бизден кем эмес суу байлыгына кожоюндук кылган коңшу Тажикстанда кандай болду экен? Ушуга токтолсок. Жаңырган жылдын алгачкы күндөрүндө Тажикстандын Кожент шаарынын кичирайондорунда жашаган көпчүлүк тургундар газсыз калды. Үчүнчү январдын кечинен тартып гана кечкисин эки-үч, күндүзү эки-үч сааттан газ берилип турду, деп кабарлады “Фергана Ру” маалымат агенттиги. Тажикстандын Согди облусу газдан тышкары электр энергиясына да таңсык болуп, аймактын Канибадам, Кожент, Кайракум өнөржай ишканалары токтоп калды. Облустун 3 шаары менен 3 районуна электр тогу суткасына 2-3 сааттан гана берилип турду. Тажикстандын кубаттуу ГЭСтеринин баары республиканын түштүгүндө жайгашкандыктан өлкөнүн түндүгүн жалгыз Кайракум ГЭСи камсыз кылалбай келет. Тажикстан эми бул маселени Өзбекстанга өзү импорттоп келаткан энергиянын эсебинен чечкени жатат. Деги эле энергетикалык кризис алдында турган өлкө мындай абалдан чыгуу үчүн узак жылдарга жете турган кубаттуу ГЭСтерди курушу керек. Ошол эле учурда Тажикстандын түндүгүндө электр энергиясын пайдалануу үчүн баанын жаңы тарифи киргизилди. Тажик тургундары эми электр энергиясынын бир киловатт сааты үчүн буга чейин төлөп келген 2,5 дирамдын ордуна 3,5 дирамдан же кыргыз акчасына айлантканда мурдагы 40 тыйындын ордуна 60 тыйындан төлөп калмакчы деп билдирди “Ферган Ру” маалымат агенттиги.

“Фергана Ру” дагы бир кабарында казак президенти Нурсултан Назарбаев Кытай менен мамилени чыңдоо Казакстандын тышкы саясатындагы приоритеттик стратегиялык негиздердин бири болуп саналат деп КЭР төргагасы тарабынан атайын жөнөтүлгөн Кытай Мамлекеттик Кеңшинин мүчөсү Тан Цзясюанем менен жолугушуусунда билдиргенин, кытай жак эки тараптуу долбоорлордогу металлургия, транспорт жана машина куруу тармагын өнүктүрүүгө жардам бергиси келип жатса, казак тарап кайра иштетүү индустриясы менен жогорку технологиялык өндүрүшүн өнүктүрүү маселесин биринчи планга коюуда деп жазды.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

КАМБАРАТА КӨЧҮ БАШТАЛДЫБЫ?

Камбарата ГЭСтеринин курулушунун техникалык экономикалык негиздемесин түзүү боюнча конкурсту Электрик де Франс менен ПрайсВатерХаусКуперс фирмалары жеңип алды. Конкурс декабрь айынын аягында Москвада өткөрүлгөн. Ага жалпысынан үч компания катышкан.

Мурдагы Жогорку Кеңеш «Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизип, анын алкагынан Камбарата ГЭСтерин чыгаргандан кийин жаңы ГЭСтерди куруунун техникалык экономикалык негиздемесин түзүү үчүн тендер жарыяланган. Күз айларында өткөрүлгөн алгачкы тендер натыйжасыз аяктаган. Андан кийин экинчи ирет тендер жарыяланып, ага Электрик де Франс менен ПрайВатерХаусКуперс биргеликте, алардан сырткары британиялык Мотт МакДональд Лимитед жана Канаданын СНК-ЛАВАЛИН Интернешнл инк компаниялары катышкан. Конкурстун жыйынтыгын Кыргызстандын «Электр станциялар» ачык акционердик коому, Россиянын «Интер РАО ЭЕС» жабык акционердик коому жана Казакстандын «Казкуат» акционердик коому жыл соңунда жарыялап, анда Электрик де Франс менен ПрайсВатерХаусКуперс жеңип алганын ачыктаган.

«Кыргызнефтитрейдерлер бирикмесинин» башчысы Базарбай Мамбетовдун маалыматы боюнча, Электрик де Франс менен ПрайсВатерХаусКуперстин эмгеги үчүн кыргыз тарап 6 миллион доллар төлөп бериш керек. Бул өтө чоң сумма. Ал Кыргызстан бюджети үчүн дагы оорчулук келтирет.

Бирок Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Райымбек Мамыров тендерди утуп алган компаниялардын дүйнөлүк атакка ээ экенин белгилеп, буларга токтолду:

-Техникалык экономикалык негиздемени ушул эки компания иштеп чыгып бере турган болсо-анда бул экөө тең дүйнөгө атагы чыккан компаниялардан. Алар даярдаган документтерге инвесторлордун баары чын эле ошондой экен деп баа беришет. Анткени аларга элдин баары ишенет. Ошон үчүн бул жакшы жумуш болду деп эсептеймин.

Райымбек Мамыровдун айтымында, 6 миллион долларды бул эки компанияга Кыргызстан өзү төлөп берет жана муну Камбарата ГЭСтерин куруунун башталышы деп атаса болот.

Физика-математикалык илимдеринин кандидаты Бекташ Илиязовдун айтымына караганда, Камбарата ГЭСтерин куруу боюнча иликтөө иштери СССРдин убагында эле жүргүзүлгөн. Долбоорлоо иштери менен катар

ГЭСтин жер титирөөгө туруштук берүү мүмкүнчүлүгү да каралган:

-Камбарата-1, Камбарта-2 ГЭСтеринин курулуш участокторунун сейсмикалык жактан коркунучтуулугу иликтенген. Ал биздин иликтөөлөрдө белгиленген. Мына бул китепте корутунду да турат. Ал боюнча туруктуулугу 8 баллга чейин деп белгиленген. Эгерде Рихтердин шкаласы боюнча 8 балл болсо мүмкүн эмес. Анда курулуш жүргүзүү кыйын болуп калат. Биздин бергенибиз 12 шкалалуу советтик долбоорлоо институттары иштеп чыккан шкала. Ал боюнча 8 баллда курулуш жүргүзүү коркунучтуу эмес.

Ошентип, тендерде жеңип алган компаниялар менен эми техникалык экономикалык негиздемени түзүү боюнча келишим түзүлүп, андан кийин Электрик де Франс менен ПрайсВатерХаусКуперс долбоорлоо ишине киришмекчи.

ОШ: СПИД ДАРТЫНА ЧАЛДЫККАНДАРДЫН САНЫ ӨСҮҮДӨ

Ош аймагында СПИД дартына кабылгандардын саны улам өсүп баратат. Соңку мезгилде бул ооруга балдардын чалдыкканы көбүрөөк байкалууда. Айрым сыркоолор дарыгерлер кароодон баш тартышкандыгын айтып даттанышса, мамлекеттик органдар мындай маалыматты төгүндөө аракетинде.

«Хо и корпорейшн» юридикалык компаниясынын түштүктөгү директору Музафар Абидов Оштогу маалымат жыйынында баса белгилегендей, ВИЧ-инфекцияга чалдыккан кээ бир жарандар дарыгерлер аларды текшерүүдөн жана дарылоодон качып жатышкандыктан, аргасыздан аталган мекемеге укуктук жардам сурап кайрылышкан:

- Биринчи иш күнүбүздөн баштап бизге телефон аркылуу кайрылышты, СПИД менен ооруйбуз, бирок дарылоо мекемелери бизди кабыл албай атат деп. Мен ойлойм, бул ооруу өтө эле, буга жардам көрсөтүбүш керек эмес деген туура эмес. Ар бир Кыргызстандын жаранына кайсы жагдайлар болбосун жардам көрсөтүлүш керек, - дейт Музафар Абидов.

Оштогу антиСПИД борборунун башкы дарыгери Түгөлбай Мамаев Ош облусу жана шаары боюнча 2007-жылы 24 бала, 4 эне ВИЧ-инфекцияга кабылгандыгын, мындан тышкары дагы 3500 наристе текшерилүүгө муктаждыгын, кезекте 10 000 ымыркай тургандыгын билдирип, коркунучтуу илдет менен ооругандарды ак халатчандар кабыл албай койгон фактылар катталбагандыгын, андай окуя болсо, доктурларга карата токтоосуз чара көрүлөөрүн ырастады:

- Биздин мыйзам бар, эгерде ВИЧ инфекциясын билип туруп ооруканага жаткырбаса бул жоопко тартылчу нерсе, - деди Түгөлбай Мамаев.

Мындай тыянакты Ош аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Аман Нуралиев да бекемдеп, кайрылгандардын бейөкмөт уюмга даттануусунун себеби жүйөөсүздүгүн кыйытты:

- Чындыгында Ош шаарында азыркы мезгилде СПИД илдетине дуушар болгон атуулдар аябай көп. Сөз жүрүп атат ооругандарды дарыгерлер карабайт, ооруканага жаткырбайт экен деп. Мунун бары калп, - ушинтти Аман Нуралиев.

Жергиликтүү талдоочу Гүлзат Газиева ак халатчандардын адам тагдырына кайдыгер өнөкөтүн эске салып, кесибине шалаакы мамиле жасагандарга жаза чектемейинче, акыбал жакшырбайт деген көз карашта.

- Бул жерде мисалы жаш балдар өз каалоосу менен ооруп калган жок да. Алар барган ооруканалар сөзсүз түрдө кабыл алып, милдеттүү түрдө дарылашы керек. Эгерде кимдир бирөө баш тарта турган болсо, алар жоопко тартылыш керек деп ойлойм, - дейт Гүлзат Газиева.

РААТБЕК САНАТБАЕВ ЖАРЫК ДҮЙНӨДӨН ӨЧКӨНҮНӨ ЭКИ ЖЫЛ ТОЛДУ

Атактуу балбан Раатбек Санатбаевди мурдагы жылы 8-январда Бишкектеги 7-кичи районунда инисинин үйүнүн алдынан белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Раатбектин өлүмү тууралуу ар түрдүү божомолдор айтылган менен бул кылмыштын бети алигиче ачылган жок. Былтыр Раатбекти эскерүү эл аралык мелдеши өткөрүлдү. Көзү тирүү болсо Раатбек Санатбаев элине далай эмгек кылмак деп эскеришет, замандаштары.

Грек-рим күрөшү боюнча ХХ-кылымдын эң мыкты балбаны аталган Раатбек Санатбаевдин жалданма киши өлтүргүчтүн огунан кайтыш болгонуна эки жыл болду. Раатбек спорт менен 22 жыл машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбан эле. Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп, Азия оюндарында эки ирет күмүш байге уткан. Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынып, Атланта жана Сидней олимпиадаларында өлкөнүн намысын коргогон. 13 ирет эл аралык Гран- при мелдештеринде жеңишке жетишкен. Спорттогу ийгиликтери «Даңк» медалы, Улуттук олимпиада комитетинин ордени менен бааланган. Чоң спорттон кеткенден бери өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуу менен бирге ишкерчилик кылып, бизнесте да алектенип келаткан.

Кыргызстанды эл аралык аренага тааныткан Раатбек Санатбаев менен үзөңгүлөш ага- инидей болуп беш жыл бирге иштеген Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Руслан Искенов жаш балбандарга күрөш сырларын, ыкмаларын үйрөткөнүн, кыргыз спортун реформалоо боюнча ой- максаттары болгонун жана бийик адамкерчилигин айтып, Раатбекти эскерди:

- Далай Гран- при мелдештерде Кыргызстандын намысын колдон чыгарбады. Эми эмне болуп, кандайча каза болгонун билбей турабыз. Душмандары деле жок болчу, элден карыз деле алган эмес экен. Ачык көңүл, жайдары, кең пейил жан эле. Раатбектин алдыга койгон максаттары арбын эле, аткарылбай калды..

Раатбектин эки ирет Азия чемпиону болушуна салым кошкон устаты, Казакстанга жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Эржан Ахметов "Алматыда калып спорт тармагында иште, же бизнеске аралаш, биз канаттууга кактырбайбыз десек, Раатбек Кыргызстандын туусун көтөрөм деп", Бишкекке баса бергенин арман кылып айтып жүрөт.

- Кыргызда таанымал инсандар саналуу гана. Алар: Чыңгыз Айтматов, Болот Шамшиев жана спорттон Раатбек Санатбаев. Ушундай эр азаматты сактай албай, ниети каралардын колунан бейажал тапканына ишенбей турам. Кыргызга мындай жигиттер керек эле, Раатбек дагы далай кызмат кылат болчу.

Спорт коомчулугу мурдакы жылы Раатбекти Улуттук олимпиада комитетинин жыйынында бул уюмдун мүчөлүгүнө көрсөтүп, жетекчи органына сунуштап жатышкан. Эгерде Улуттук олимпиада комитетине президенттикке талапкерлигин койсо спорт коомчулугу колдоп кетмек, ошондуктан анын жашоосуна айрым атаандаштары кыянатчылык кылды деген пикирлер да айтылып келди.

Тирүү кезинде Раатбек менен көп ирет кездешип, спорт тууралуу далай маек курчу элек. Бир ирет маркум Раатбек Санатбаев кыргыз спортун көтөрүү үчүн айыл спортуна көңүл буруу керектигин мындайча айтып берген эле:

- Биринчи кезекте айыл спортуна, айылдык жаштарга өзгөчө көңүл буруп, атайын программа кабыл алып, район, шаар жана айыл өкмөт башчыларын милдеттендирип койсо, кыргыз спортунун тамыры, келечеги айылда. Таланттуу жаштардын багы ачылбай келүүдө. Дене тарбия, спорт тууралуу мыйзам да чийки. Ага толуктоолорду киргизүү керек.

Бишкек шаардык спорт комитетинин жетекчисинин орун басары Бообек Кадыркулов Раатбектин адамкерчилиги бийик болгонун айтып, “анын өлүмүн саясатка байланыштырууга болбойт, тирүү болсо кыргыз спортуна зор салым кошуп, мыкты жетекчи чыкмак” дейт:

- Эми эмне болуп, кандайча каза болгону алигиче табышмак, себебин билбей турабыз. Ачык көңүл, жайдары, кең пейил жан эле. Раатбек бош убактысында спорт залга келип жаш балбандарга күрөш сырларын, ыкмаларын үйрөтүп турчу. Ал спорт менен гана жашап, жалын жаштыгын мекендин намысын коргоого жумшаган.

Даназалуу балбан, бийик адамкерчиликтүү Раатбек Санатбаев бардык спортчуларга үлгү, кыргыз спортунун сыймыгы эле, биз аны көзү тирүүсүндө барктай да, сактай да албадык, деп эскерет, анын шакирттеринин бири, грек- рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Данияр Көбөнов.

- Раатбектин атын спорт мектептери, көчөлөргө ыйгарып, ысымын түбөлүккө калтырып, эл аралык мелдештерди өткөрүп туру үчүн демилгелер көтөрүлүүдө. Кузүндө Раатбек аганы эскерүүгө арналган эл аралык мелдеш өткөрүлүп, мен баш байгени утуп алдым. Анын эки уулу жана жубайы Сайра эженин колунан байге алдым. Эми Бишкектеги, ФОКко анын атын бересе, дурус болоор эле.

Раатбектин жесири Сайра Санатбаеванын айтымында буйуртма менен өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин бети алигиче ачылбай турат.

Раатбектин ысымы өзү билим алган Жалалабаттагы мектебине жана ушул шаардагы спорт мектебине дагы ыйгарылды. Раатбек Санатбаевдин сөөгү Бишкектеги Аларча көрүстөнгө коюлган. Былтыр жубайы Сайра, уулдары Бексултан, Даулет, кызы Азема жана достору эстелигин коюшту.

8-ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Генерал Кауфмандын жазалоочу отряды менен Исахасан уулу Пулат баштаган козголоңчулар 1875-жылдын 6-январында Анжыян алдында беттешкен. Айтылуу сүрөтчү В. Веращагиндин кыргыз турмушун чагылдырган сүрөт жыйнагы 1894-жылы окуурмандардын колуна тийген.

Кокон хандыгынын 19-кылымдын экинчи жарымында Россия империясына таянып, калкты ченемсиз эзүүсү Исхак Асан уулу Пулат баштаган кыргыздардын көтөрүлүшүнө кириптер кылды. Кокон ханы Насреддиндин өтүнүчү менен падышалык бийлик ханга жардам көрсөтүш максатында, генерал-губернатор Кауфман жетектеген 1400 жазалоочу аскер берген. Жазалоочу отряд менен козголоңчулар ортосунда бир канча кан төгүлгөн кагылыш жүрүп, бирок орус аскерлери башында чечүүчү жеңишке жетише алган эмес. Каршылашкан тараптар 1875-жылдын 6-январында Анжыян алдында беттешип, козголоңчулар оор жеңилүүгө дуушар болушкан.

1879-жылдын январь айында Чүй суусу ташып, муз аралаш суу Токмок шаарын каптай баштаган. Бу күндөрү Токмоктун көчө, базарларын бир метр чамалуу муз каптап, шаар турмушу оордогон. Учурдан пайдаланган жергиликтүү бийлик, буга чейин Токмокто орун алган уезддик борборду 1878-жылы Пишпекке которуу чарасы өз маалында жасалгандыгын билдирүүгө ашыккан.

Айтылуу сүрөтчү В. Веращагиндин кыргыз турмушун чагылдырган сүрөт жыйнагы 1894-жылдын бу күнү окуурмандын колуна тийген. В. Веращагиндин Кыргызстанды кыдыруу маалында тартылган «Бай кыргыз аңчы шумкар менен», «Кыргыз кыз», «Ысык көл жээги», «Барскоон капчыгайы» сыяктуу сүрөттөрү жыйнакка киргизилип, ал искусство күйөрмандарынын купулуна толгон.

«Атажурт» жана «Кыргызстан патриоттук» кыймылына кирген 40 чамалуу адам жана оппозициячыл саясий партиялардын лидерлери менен бир канча парламент депутаттары 2005-жылдын бу күнү Жогорку Кеңештин кашына пикеткы чыгышты. Пикетчилер «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы, экс-министр Роза Отунбаеванын укугун коргоп, аны парламенттик шайлоого талапкер кылып каттоону талап кылышты.

Президент Аскар Акаев 2005-жылкы парламенттик шайлоого утурлай, 8-январда Токмок шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Мамлекет башчысы парламенттик жана президенттик шайлоону демократия талаптарына ылайык өткөрүүгө болгон шарттар жасалгандыгын билдирди. Аны менен бирге Кыргызстандагы шайлоону Украина жана Грузиядагы «түстүү революция» өңүткө буруу аракети жасалып атканын белгилеп, Саакашвили жетектеген Грузия бийлиги америкалык филантроп Ж. Соростон айлык алат деп айыптады.

Бу күнү, 1208-жылы монгол өкүмдары Батый, 1587-жылы немец астроному Күндөгү такты тапкан Йоханнес Фабрициус, 1812-жылы австриялык композитор Сигизмунд Тальберг, 1824-жылы англис жазуучусу Уильям Коллинз, 1891-жылы немец физиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Вальтер Боте жарык дүйнөгө келсе, 1984-жылы драматург жана котормочу Касымбек Эшмамбетов жарык дүйнө менен кош айтышкан.

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ: ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ ЭКИ МИЛЛИАРД АКЧА АЛБАЙТ

Жаңы жылдын биринчи күндөрү болгон жер титирөө Ош областынын ондогон айылдарында кыйроолорго алып келди. Кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатканын “Азаттыкка” өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев айтып берди.

- Кырсыкка бир апта болуп калды. Жер титирөөгө кетирген чыгымдардын эсеби чыктыбы. Талкаланган имараттардын саны, чыгымы баш-аягы канча болуп атат?

- 1-январдан баштап биздин министрлик иштеп атабыз. Биздин аппарат жер-жерлерде күнү-түнү иштеген режимге өттүк. Беш күндөн бери иштеп отуруп, бүгүнкү күндө көз менен көрүп тактадык. Адистер толугу менен 1-февралга чейин тактап чыгышы керек. Бүгүнкү күндө 6 миң 852 турак-жай изиденип чыкты. Ошонун үчү толук бойдон ураган, ал эми авариялык абалда 726 жеке үй жана 5 көп кабаттуу үй (анда 94 үй-бүлө турат), бир оорукананын стоматологиялык бөлүмү, 8 орто мектеп, бир башталгыч мектеп, бир клуб авариялык абалда.

- Министр мырза, ошолорду калыбына келтирүүгө болжолдуу канча каражат керек экен?

- Азыр өкмөт токтом кабыл алып атат, ошонун негизинде толук материалдык чыгымы аныкталат. Аларга кайсы акыбалда, кайсы маалда жардам берүү боюнча өкмөткө толук маалымат бердик. Бүгүн-эртең өкмөттүн токтому чыкса эле, ошол боюнча иш башталат.

- Жер титирөөнүн чыгымдарын азайтуу үчүн негизи кандай чаралар керек деген суроо пайда болуп атат. Мисалы экономикалык талдоочу Базарбай Мамбетов министрликти жоюп, ага кеткен чыгымдарды региондордо механикалаштырган ыкчам топ түзүү аркылуу чечүү керек деген оюн айтты, анткени бул министрлик бюрократташып кетти деп өзүнүн аргументтерин келтирип атат. Өткөн парламенте министрликти катуу сындаган депутаттардын бири сиз элеңиз. Албетте, министрлик эмне үчүн ушундай доомаатардан арыла албай жатат деп ойлойсуз?

- Туура айтасыз, мен да кечээ экономикалык талдоочу Базарбай Мамбетовдун айткан сөзүн уктум жана окудум. Элге чыгып айтканда чындыкты жана так маалыматты айтыш керек. Ал киши эмне үчүн ушундай сөздөрдү айтып атат билбейм. Жок жерден мисалдарды алып айтып атат. Анын айтуусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жылына 2 млрд. сом алат, анын 1 млрд. 400үн өздөрү жеп коет дейт. Биз жылына болгону 391 миллион гана акча алабыз, бул жерде эч кандай 2 млрд. жөнүндө сөз жок. Ал эми айлыгыбызга болгону 66 млн. 953 миң сом акча кетиребиз. Бул кишинин айтуусу боюнча биз бир миллиард 400 миң кетирип атыптырбыз. Бул киши он эсе эмес 20 эсе көп цифраны айтып атат. Ушундай калп маалыматтар менен элди элди кыжаалат кылып атат, бул туура эмес. Эгерде бизде кандайдыр бир кемчиликтер болсо, так маалыматтарды берип, так фактылардын негизинде боло турган болсо биз ар дайым өзүбүздүн кемчилигибизди жойгонго аракет кылабыз.

- Маегиңизге ырахмат.

ОРУСИЯ ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНА БӨЛҮНҮҮЧҮ КВОТАНЫ КЫСКАРТТЫ

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын миграция боюнча федералдык кызматынын башкармасы таркаткан маалыматка караганда 2008-жылы өлкө эки миллион гана эмгек мигрант кабыл алуу үчүн план түзүүдө. Бул былтыркы жылга салыштырганда үч эсеге аздык кылат. Сырттан көз салуучулардын болжолунда федералдык бийликтин мигранттардын Орусияга келүүсүн чектөө - иш издегендердин көпчүлүгү жумушту Москва менен Санкт-Петербургдан издеп жатышканынан улам болгон. Ал шаарлар анчалык көп чет элдик жумушчу күчүнө муктаж эместиги ырас, бирок, ошол эле учурда өнүгө баштаган региондордо курулуш, өнөр жай жана айыл чарба жумуштарын аткарууга жумушчулар керек дешет.

Орусиянын миграциялык кызматы быйыл эки гана миллион чет элдик жумушчу ишке аларын билдирди. Былтыр виза албай катташып жүргөн КМШ өлкөлөр атуулдарынан – Кыргызстан андай өлкөнүн бири – 6миллион жумуш издеп келгендерге уруксат берилген экен. Быйылкы берилип аткан орундун кайсы аймакка канчасы керек экендиги азырынча так эмес.

Эки гана субъектте: Свердловск облусу 150 миңден көбүрөөк жумушчу жана Маскөө 300 миң жумушчу аларын билдирип чыгышты. Федералдык Миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановский айтканга караганда, 2007-жылы Орусияга жумуш издеп келгендерди жолго салуу жемишин бере баштаган. Кеткен жылы ишке уруксаты жок чет элдик кишилерди ишке алган кожоюндардан казынага 4 млрд. рубл штраф төктүрүлгөн. Ага дейре мынчалык штраф төгүү эч убакта болгон эмес. Ошону менен катар жетекчи Маскөө менен Питер шаарларына жумуш издеп келген конокторду ишке алууну кескин кыскартуу болгонун да кеп кылган.

Бул маселе боюнча Маскөөдөгү кыргыз диаспорасынын жетекчилеринин бири Арстаналы Юсуповду кепке тартып кыскача маек курдук:

«АЗАТТЫК»: -Орусияга келип туруучу мигранттарды бийлик кыскарта баштады. Кыргызстандан келип аткан боордошторубуздун абалы кандай болор экен?

ЮСУПОВ: -Быйылкы, 2008-жылдан баштап мигранттарга квота эки эсеге кыскартылды. Бул деген, демек мурдагыдай эле иш издеп келгендердин баарына жумуш берилбейт дегендик. Жакшы текшерүүдөн кийин орусчаны билген, адистиги бар адамдарга уруксат берилет. Ошол эле учурда 2006- же 2007-жылы Орусиянын кайсы жеринде иштебесин, эгерде ал иштеген жердин ээси ага жакшы жумушчу деген мүнөздөмө кагазын жазып берсе, андай киши кайра ишке алынат. Ал эми жаңы иш издеп келгендер үчүн абдан кыйын болот.

«АЗАТТЫК»: -Кыргызстанда башка өлкөгө барып иштеп келейин дегенер саны азайып атабы же көбөйүп атабы?

ЮСУПОВ: -Жылдан жылга көбөйүп атат, азайган жок.

«АЗАТТЫК»: -Бул жерде, өзүңүз билерсиз, өңү бурууларды улутчулдар кодулап, жерүү, а кээде кол салып, өлтүрүп кетүү бар. Ошол адат калып баратабы же мурунку эле калыбындабы?

ЮСУПОВ: -Баштагыга караганда ачыктан ачык чыгып үгүт айтуу азайгансыйт, же сыналгы менен маалымат каражаттары жашырып жаап көргөзбөй атышабы, бирок ал бар. Ошондой эле бул нерсе (улутчулдук маанай – ММ) жок болбойт, боло берет.
Анализчилер баамында ири шаарларга келгиндерди жолотпоо максатында мыйзамын катуулатып, өкүмөт ошону менен мурдатан тартыш болуп келаткан элет жерлериндеги жумушчу күчүнө зыян келтирет дешет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG