Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 16:39

Кыргызстан

Жаңырган жуманын маданий окуялары

Бүгүн улуттук филармонияда көркөм өнөр чеберлеринин жаңы-жылга арналган чоң программадагы концерти болот.

  • Анда келген көрүүчүлөр классика жанрында, эстрада жаатындагы чыгармаларга ортоктош болуп, бий чеберлеринин өнөрүнө күбө болушат. Маалыматтарга караганда бул кечеге өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин катышаары күтүлүүдө.
  • Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” борборунда бүгүн “Жаш кыял” үлгүлүү бий ансамблинин өнөрпоздору “Жаңы-жылдык белек” аттуу жомок тартуулашат.
  • 31-декабрда борбордук аянтта Жаңы-жылга арналган чоң программадагы оюн-зоок болот. Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын жетекчиси Малдыбай Кайыпов кабарлагандай бул оюн-зооко 100 аяз ата, 100 аяз кыз катышат. Майрамдык иш-чара ырчы-чоорчулардын концерти менен коштолот.
  • 1-2-январда белгилүү обончу жана аткаруучу Бек Борбиев жеке концертин тартуулайт. Ырчынын билдиргенине караганда, ыр кечеде көбүнесе жаңы ырлар жаңырмакчы. Концерттин негизги өзгөчөлүгү 75 пайыз аккордеондун коштоосунда чыгармалар аткарылмакчы.
  • Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде кыл калем чебери Абдували Буранбаевдин жеке көргөзмөсү өтүүдө. Анда сүрөтчүнүн 50гө жакын эмгеги сунушталган, алардын басымдуу пейзаждар. Көргөзмө эки жумага созулат. Мындан сырткары аталган музейде жаш кыл калем чебери Роман Гуманюктун “Менин Украинам” аттуу көргөзмөсү өтүүдө. Анда сүрөтчүнүн украин элинин тарыхын жана салт-санаасын чагылдырган эмгектери коюлган.

2008 - жылдын чемпиону - “Дордой-Динамо”

28-декабрда Кыргызстандын футболдон 2008- жылдын мыктылары аныкталып, аларга сый- урмат көрсөтүлдү.17-чемпионатынын жеңүүчүсү Нарындын “Дордой-Динамо” командасына баш байгелер ыйгарылды.

Кыргызстандын футбол боюнча 17-чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө алтын байгелерди жана баалуу сыйлыктарды өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Айбек Алыбаев, биринчи вице-президенти Өмүрбек Кутуев жана башкы катчы Нуртазин Жетибаев тапшырды.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Дордой” футбол клубунун президенти Аскар Салымбековдун айтымында жылдан жылга Кыргызстанда футболчулардын чеберчилиги жогорулап барат. Өлкөнүн беш жолку чемпиону “Дордой-Динамо” командасы Москвада январда өтүүчү Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор Кубогуна катышууга даярдык көрүп жатат.

2008-жылдын жыйынтыгына жараша футбол адистеринин аныктоосу боюнча жылдын мыкты футболчусу деген наамга Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын капитаны Руслан Сыдыков үчүнчү ирет арзыды. Ал “Дордойдун” курамында жана улуттук тандалма командасынын катарында жети жылдан бери ойноп келүүдө. Быйыл жылдын мыкты коргоочусу жана жылдын мыкты футболчусу аталып, эки сыйлыкка арзыган Руслан Сыдыков жети жылдан бери “Дордой-Динамо” командасын капитан катары жетектеп келүүдө.

Ал эми быйылкы жылдын мыкты жарым коргоочусу деп дагы “Дордойдун” оюнчусу Вадим Харченко аталып, ага да футбол федерациясы сыйлык ыйгарды.

Футбол боюнча Кыргызстандын 17-чемпионатынын эң мыкты чабуулчусу деп дагы “Дордой-Динамо” командасынын мүчөсү Мирлан Мурзаев аталган. 19 жашка толуп, келечегинен үмүт жандырган Мирланга да акчалай сыйлык тапшырылды.

Үчүнчү ирет жылдын мыкты футболчусу аталган Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын капитаны Руслан Сыдыковдун пикиринде, январда Москвада өтүүчү Шериктештер чемпиондору Кубогунда өз тобунан алдыга чыгуу максатты турат:

- Январда Москвага Шериктештер Кубогуна барабыз. Быйыл татыктуу оюн көрсөтүп келсек деген тилек бар.Өз тобубуздан чыгып, күйөрмандардын үмүтүн актоо милдети турат. Кыргыз футболуна өкмөттүк деңгээлде камкордук көрүлбөсө дүйнөгө эмес, Азияда алдыңкы орунга жетүү кыйын.

Өлкөнүн футбол федерациясына жаңы башкы катчы болуп шайланган Нуртазин Жетибаевдин айтымында, быйылкы Кыргызстандын тандалма командасы Бишкекте Ооганистандан утулуп, кыргыз футболунун деңгээли төмөндөп кеткен.

- Быйылкы чемпионаттын деңгээли төмөн болуп калды. Жыл башындагы ойлогон иш-аракеттер аткарылган жок. Кыргызстандын тандалма командасына машыгууга каражат бөлүнбөй Ооганстандан Бишкекте өз жеринде утулуп, аябай уят болдук. Түндүк тараптагы командалардан “Дордой-Динамо” менен “Абдыш-Ата” командаларынан бөлөк аларга атаандаштар жокко эсе. Футбол жылдан жылга өрүш албай эле, төмөндөп баратат.

Кыргызстандын футбол чемпионатында Жогорку Лигада быйыл 10 команда ойноду. Нарындын «Дордой» командасы 5 жыл катары менен өлкөнүн чемпиондугун колдон чыгарган жок. Быйыл Кыргызстандын 17-футбол чемпионатынын беттешүүлөрүндө Канттын “Абдыш-Ата” командасы күмүш байгенин ээси болушту.

Жеңүүчүлөргө “Дордой” ассоциациясынын өкүлдөрү акчалай жана баалуу сыйлыктарды тапшырды. Футболдук салтанатка учурунда Москванын “Спартак” командасынын катарында ойногон академик Кайып Оторбаев баштаган ардагерлер катышты..


Батыш басма сөз каражаттары каржы кризиси тууралуу жазат

Кыргызстандагы электр кубатынын тартыштыгы суу маселесин жаратып жатканы жана дүйнөлүк каржы кризисинин алгачкы соккусу жакыр өлкөлөргө тийип жаткандыгы тууралуу батыш басма сөз каражаттары жазышууда.

“Электр энергетикасына болгон тартыштык аз келгенсип, Кыргызстандын элет аймактарында жашаган тургундар таза сууга зар боло баштады. Электр энергетикасы болбой туруп, өлкөнүн жаңы суу таркатуу системасы жараксыз болуп калган” деп жазылат Eurasia View интернет баракчасында жарыяланган макалада.

Кыргыз өкмөтү кийинки 7 жылдын аралыгында, 509 айыл-кыштактын таза суу системасын кайра калыбына келтирүү максатында күткөн долбоорго 70 миллион долларга тең каражатты бөлгөнү маалымдалып, макалада электр энергетикасы жыш түрдө үзгүлтүккө учурагандыктан жаңы система айрым айылдарда ишке жарабай калганы ырасталат.

Аталган интернет баракчасында жарыяланган дагы бир макалада Азербайжандын Тоолуу Карабак жаңжалын жөнгө салуу максатын күткөн иш-аракеттер талдоого алынган. “ЕККУнун Тоолуу Карабак тынчтык жараянына караган Минск тобу бул жийеленишкен жаңжалга эмки жылы чечим табылып каларына чоң үмүт артып жатканына карабай, Бакудагы саясий байкоочулар бардык маселелерди кучагына алган кеңири көлөмдүү бир келишимдин эмки жылда табыларына шектүү көз караш билдиришүүдө” деп жазылат макалада.

Автордун пикирине ылайык, Орусиянын Абхазия менен Түштүк Осетияны таануусу Карабак чатагын болгонундой калтыра бериш кандайча натыйжаларга алып барары тууралуу батыштын көзүн ачып койгон. Экинчиден, Азербайжандын бийлигинин, чатакты курал жолу менен чечүү аймакта проблемалардын ого бетер ырбап кетерине көзү жетти деп ырастаган автор, бардык ушундай далилдерге карабастан, Минск тобу эмки жылы такалган туюктар жоюлуп чечим жолунун ачыларынан үмүтүн үзбөгөнү бышыкталат.

International Herald Tribune гезитинин өткөн жумадагы сандарынын биринде чыккан көлөмдүү макалада, Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусияга мигрант жумушчу катары кеткен кишилердин көйгөйлүү тагдыры чагылдырылат. Дүйнөлүк каржы кризиси өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасын алда качан эле аңтар-төңтөр кылган менен, кризистин толкундары аста секин жакыр өлкөлөрдүн жээгин соккулай баштаганы белгиленип, макалада мунун алгачкы курмандыктары мигрант жумушчулар экени айтылат.

The New York Times гезити жума күнкү санында Түркиянын мусулманчылыкты бекем кармаган жаңы тап бизнесмендеринин, дүйнөнүн эң эле катуу секулярдуу өлкөсүндө, динди бекем кармаган бир партияны бийликтин жогорку эшелондоруна чейин көтөргөн таржымалын талдоого алган. Бул жаңы тап өзүнүн каймак кыртышын жаратып, өлкөнүн экономикасында чоң сөз ээси боло баштаганы далилденип, макалада кийинки ондогон жылдардын ичинде бир эле өлкөдө жашаган бул карама-каршы эки таптын ортосундагы айыгышкан экономикалык саясий таймаш таанымал саясий комментатор Сабрина Тавернистин (Sabrina Tavernis) кылдат элегинен өткөрүлөт.

2008: Кыргызстанда укук маселеси кедерине кетти

Укук коргоочулардын баамында “Демократиянын аралчасы” аталган Кыргызстан 2008-жылы кыйла артка чегинди. Алар өтүп бараткан жыл адам укуктары тебеленген, куугунтуктарга мол жылдан болгонун айтышууда.

2008-жыл жаштардын “Мен ишенбейм” аттуу нааразылык акциясы менен башталган. Алар 2007-жылдын аягында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, акциясын 2008-жылдын башында кайра улантышкан. Акцияны уюштуруучулар тартип коргоо кызматкерлери тарабынан кармалып, иш-чара бир нече жолу үзгүлтүккө учуруган. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон, өз оюн билдирген жарандык коомдун өкүлдөрү, жаштардын бир тобу жана укук коргоочулар мыйзамсыз камалган.

Серепчилер бул жылы адам укуктарына каршы келе турган башкы үч мыйзамдын кабыл алынганын белгилешүүдө. Алар: стратегиялык обьектер жөнүндө, “Улуттук телерадио берүү корпорациясы жөнүндөгү” жана тынч митингдерди өткөрбөө жөнүндө мыйзамдар. Мурда бийликтин айрым чечимдерине же болбосо жүргүзгөн саясатына макул болбой тынч нааразылык акция өткөргөндөргө токтомдун негизинде гана тыюу салынып келсе, ушул жылдан тартып мыйзамдын негизинде тыюу салына баштады. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова бүгүнкү күндө ачык пикирди бийликке жеткирүүдө эч кандай курал калбай калганын айтат.

- Эгер жыл аягында жыйынтык кыла турган болсок адам укуктары, жалпы эле укук маселеси боюнча Кыргызстанда абал абдан курчуп кетти. Бул жылы адам укуктарына каршы келе турган үч мыйзам кабыл алынды. Стратегиялык обьектер жөнүндө, УТРК жөнүндө жана тынч митингдерди өткөрбөө жөнүндө. Азыр сөз эркиндиги абдан чоң кысымда, оор абалда. Эң негизгиси өз сөзүбүздү, пикирибизди бийликке жеткиргенге курал да калбай калды. Эркин гезит, радиолор жабылууда. Бийлик муну билип жасап жатат. Менимче 2008-жыл ушул багытта эң жаман, курч жыл болду,- дейт Динара Ошурахунова

Ошол окуяга тиешеси бар делген 32 адам 9дан 20 жылга чейин соттолгон. Укук коргоочулар ошол окуянын тегерегинде маалымат чындыкка дал келбегени, айыпкерлерди кармоодо күч колдонулганы, тергөө иши өтө тездик менен өткөнү тууралуу айтып, билдирүүлөрдү жасашкан.

Ал эми “Кылым шамы” укук коргоо борборунун төрайымы Азиза Абдрасулова быйылкы жыл адам укуктарынын бузулушу боюнча өткөн жылдардын уландысы болду деп баалайт. Анын айтымында, 2007-жылдын аягында адам укуктарынын бузулушунунун тенденциясы абдан күчөп, ошонун аркасынан адам укуктары, деги эле укук бузулган шайлоолор өткөн. Ал эми өтүп бараткан жылдын чоң, кабатырлантчу окуясы катары ал Ноокаттагы окуяны айтат. Орозо айт күнү Ноокатта майрамдык иш-чараларды борбордук аянтта өткөрүүгө жергиликтүү бийлик тыюу салып, нааразы болгондор райондук мамлекеттик администрациянын имаратына зыян келтиришкен.

- 2008-жылы ал андан да күчөдү. Анктени, мурда митинг өткөрүүгө токтомдун негизинде гана тыюу салып келсе, бул жылы атайын мыйзам кабыл алынып, мыйзамдын негизинде тыюу салынып жатат. Бүгүнкү күндө эркин жыйынтыгынын артынан сөз эркиндигине, жарандардын өз оюн билдирүүгө, маалымат алууга жана маалымат берүүгө болгон укуктары четке кагылууда. 2008-жылдай укук коргоочулар көп кармалып, камалган, ушул жылдай тынч митинг, митингдердин катышуучулары, уюштуруучалры камалгандай түшүмгө мол жыл Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. “Кылым шамы” уюмунун эле байкоосунда 300дөн ашуун жарандар кармалып айыпка тартылышты же бир нече күнгө камакка алынышты. Негизинен адам укуктары бүгүнкү күндө артка кетти, - дейт Азиза Абдрасулова.

Оппозициядагы бир катар саясатчылар авторитардык бийлик барган сайын күч алып, соңку күндөрү аларга карата куугунтук, коркутуп-үркүтүү күч алганын айтышууда. Муну алар 1936-жыл менен салыштырып жатышат.

Ал эми Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин төрага орун басары, “Ак жол” партиясынын төрага орун басары Автандил Арабаевдин ырасташынча, бүгүнкү күнү өлкөдө адам укуктарынын сакталышы жаатында эң туура мыйзамдар иштеп жатат:

- Бүгүнкү КРнын Конституциясы, мамлекеттин өнүгүшүнө, адам укуктары, мамлекеттик түзүлүш боюнча эң туура жана бүгүнкү күндөн талабына жооп бере турган мыйзам деп айта алам, - дейт Автандил Арабаев.

Укук коргоочулардын баамында ушул жылы сөз эркиндиги демейдегиден чектелип, анын айынан журналисттер кысымга алынууда. Ушул жылы “Де-факто” жана “Алиби” гезиттери жабылып, басма ээлерине кылмыш иши козголду. Учурда “Де-факто” гезитинин баш редактору, белгилүү журналист Чолпон Орозобекова бийликтин кысымынан оолак болуп туруу үчүн Европа өлклөрүнүн биринде жашап турууга мажбур болду. Жалпысынан өтүп бара жаткан 2008-жылы өз кесибин аткарууда өлкөдө 5 журналистке кол салуу катталган. Жакында эле Улуттук телерадиокорпорациянын топ журналисттери укугун коргоп Бишкектеги Максим Горький аянтына чыгышкан.

Ал эми УТРК менен атайын келишимдин негизинде иштеп келаткан эл аралык “Азаттык” үналгысы жана теле долбоорлору эфирден алынып салынды. Укук коргоочулар бул көрүнүштөрдү массалык маалымат каражаттары аркылуу оюн ачык билдирүүгө тыяюу салуу жана сөз эркиндигин тизгиндөө катары баалап, мындай кысымдар бул жылы өткөн жылга салыштырмалуу абдан күчтүү болгонун белгилешүүдө.

Ал эми Акыйкатчынын кеңешчиси Ниязалы Бекбердиев Кыргызстан укук коргоо жаатында артка кеткендигин ырастады. Анын айтымында, бул жылы да укугун коргоп берүүнү суранган арыз каттар көп түшкөн менен алардын көбү чоң окуялар менен байланышпайт. Бирок, укук маселесин арыздардын саны боюнча баалоо туура эместигин белгиледи.

- Ооба, укук коргоо багытында Кыргызстан артка кетти. Аны эми алдыга жылдыруу керек. Аөзгөчө тынч митингдер жөнүндө. Ал эми биз ушунча арыз карадык деп мактанган эң эле туура эмес. Арыздардын көп болуусу – институт, укук коргоочулар, тартип коргоочулар тарабынан алдын ала чаралардын көрүлбөгөнү дегенди билдирет. Демек арызды азайтыш керек. Жалаң эле Кыргызстан эмес бүт эле КМШ өлкөлөрүнүн жарандары өз укуктарын билбейт.

Деген менен өлкөнүн расмий бийлиги Кыргызстан адам укуктарынынын жалпы декларациясын урматтаган, ага баш ийген өлкө экенин белгилеп жатышат. Буга саясий-эконономикалык, социалдык укуктардын кепилдиктердин жашап жатышы, өлүм жазасынын алынып салынышы, жаза өтөөчү жайлардын реформалар, жаза өтөп жаткан аялдар менен балдарга мунапыс берилиши. Кыргызстандын “Миң жылдыктын чакырыктары” долбооруна катышуу укугун алгандыгы тууралуу мисалдар келтирилди. Ушул жылы адам укуктарынынын жалпы декларациясынын 60 жылдык мааркеси Кыргызстанда да белгиленип анда сөз сүйлөгөн мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу буларга токтолгон эле:

- Кыргыз Республикасы адам укуктары боюнча дүйнөлүк камкордуктардын идеяларына берилген бойдон калат. Ошондой эле мындан ары да адам укуктарынын жалпы декларациясынын принциптерин сактоону улантат.

Кийинки жылга божомолдор кандай болот?

Укук коргоочулар келерки 2009-жыл укук жаатында абал жакшы жагына бурулушуна көп ишене беришпейт. Алар абал жакшырышы үчүн азыркы бийликке чоң эрк керек, болбосо система толугу менен өзгөрүшү зарыл деп ойлошот. Ал эми “Журналисттер” бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев 2009-жылы журналисттерге кол салуу арбышы мүмкүн деген чочулоосун айтып жатат. Анын билдирүүсүндө Кыргызстанда журналисттердин коопсуздугун камсыздоо жааты кооптуу тейден калууда. Ал эми укук коргоочу Азиза Абдрасулова келерки жылга божомолдору туурасында буларга токтолду:

- 2009-жылы деле ушул эле парламент отурат, мыйзамды ошолор кабыл алат. Аткаруучу бийлик, ага көзөмөл кылган прокуратура же анын гаранты болгон президент бардыгы өз ордунда отурат. Ушул бийликтен чоң саясий эрк болуп, жакшы жакка бурайын деген аракет болбосо абал ушундай эле бойдон улана берет. Жакшы болгондо ушундай болуп уланат. Ал эми жаман болгондо мындан да жаман болгон күндө мындан да начарлайт деген ойдомун же болбосо системаны толугу менен өзгөртүү керек, - дейт Азиза Абдрасулова.

Динара Ошурахунова болсо жаңы 2009-жылы бийлик, жарандык коом, саясий партиялар Кыргызстанды укук жаатында биргелешип кайра бутка көтөрүү зарылдыгын белгилейт.

- Эгер бийлик баягындай эле кысым саясатын жүргүзө берсе абал мындан да курчуп кетет. Келерки жылы бийлик, жарандык коом, саясий партиялар Кыргызстанды кайра бутка көтөрүп, кандай жолдор менен иштөөнү биргелешип иштесек жакшы болот эле, мен ошого үмүттөнөм. Жаман нерселер жөнүндө деле ойлонгум келбейт.

М. Ниязов: Бийлик-оппозиция мамилеси төмөн түштү

Парламент “Жалпы аскердик милдет, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алды. Бул жана башка суроолорго Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов жооп берди

- Парламент кабыл алган аталган мыйзамдын 27-беренесинде адам өмүрүн, ден соолугун, беделин коргоодо, коомдук тартипти камсыздоодо милицияга аскерлер жардам бере алары белгиленген экен. СДП фракциясынын депутаттары аскер күчтөрү өлкөнүн ички ишине киришпеши керек, Конституцияга каршы келет деп жатышат. Аталган берененин мыйзамга киришине сиз кандай дейсиз?

- Саясатта бийлик менен оппозициянын мамилеси өтө төмөн түштү. Бийлик оппозицияны коркутуп, кылмыш иштерин козгоп, куугунтукка алса, оппозиция бийликти дагы бир революция менен коркутуп атат. Бири бийликти кучактап, эч кимге бербейм десе, экинчи тарап жанталашып, эмне болсо да бийликти тартып алам деген аракеттер менен жүрөт. Тилекке каршы эки тарап тең Кыргызстандын келечегин ача албай жатат. Бийлик талашуу эң негизги проблема болду. Ошонун негизинде бийлик өзүнүн алсыздыгын түшүнүп, жалпы элдин нааразылыгын байкап, керек болсо армияны колдоном, эл менен чабышам деп оппозицияны коркутуп атат. Бул Кыргызстанды тозокко алып бара турган жол. Мыйзамды алган депутаттар да элдин кызыкчылыгын эмес, өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлоп жатышат.

- Мирослав мырза, акыркы кабыл алынган мыйзамга ылайык эми Кыргызстанда аскер кызматын контракттык жана атаандаштык негизде өтөөгө артыкчылык берилет экен. Коргоо министри Бакыт Калыев бул кыргыз армиясын кесипкөй, мобилдүү болуп кайра түзүлүшүн шарттайт деп жатат. Сиздин пикириңизде кыргыз армиясы кандай болушу керек?

- Албетте эртеби-кечпи кесипкөй армияга өтүшүбүз керек. Буга бирок, ачык эле айтып коюшубуз керек, эч кандай даярдыгыбыз жок. Анткени бюджет тартыштыгы буга мүмкүнчүлүк бербей атат. Анын үстүнө жаштардын көпчүлүгү четке кетип, четте оокат кылып, үй-бүлөсүн баккан учур болуп атпайбы. Бюджетти көтөрмөйүнчө кесипкөй армияга өтүү мүмкүн эмес.

- Министрлик куралдуу күчтөр 2012-жылга чейин биротоло реформаланып бүтөрүн кабарлап атат. Реформанын өзөгүн кыскартуу, кайра түзүүлөр түзөт экен...

- Биринчи кезекте эле кайсы тармакты болбосун жоготкон дагы, жогорулаткан дагы адам, анын кесиптик деңгээли, акылы, тажрыйбасы. Тилекке каршы биз эгемендик алганы кесипкөйлүктү четке кагып, көп учурда бийлик тууганчылык, достук жагын карап ишке коюп жатат. Ошентип мамлекеттик көз караш эмес, жеке адамдын көз карашы болуп атпайбы. Ушунун баарын эске алсак, биз кайра тескери кетип атабыз. Мен айтып атам, алдыга реформаны эмес, адамды коюу керек. Биз бүгүн реформа жасасак эле Кыргызстан жакшы болуп кетет деп ойлоп атабыз. Кыргызстанды бүгүн эч кандай реформа куткара албайт. Бүгүн адамдын феномени гана Кыргызстанды куткара алат.

2008: Оппозициянын өксүгү жана утушу

2008-жылы Кыргызстандын оппозициясы эмне иш менен алектенди жана андан кандай майнап чыгарды? Жыл жыйынтыгына арналган “Азаттыктын” кезектеги түрмөгү ушул маселени козгойт.

Адегенде белгилеп койчу жагдай: март ыңкылабынын арты менен бийликке келген президент Курманбек Бакиевге каршы оппозициялык топ 2006-жылы түптөлүп, ошол эле жылы ноябрда президентти өз укуктарын чектеген Баш мыйзамга кол коюуга аргасыз кылган. Бирок кийинки жылдын этегинде президент демилгени колго алып, референдум аркылуу Конституцияны өз кызыкчылыгына буруп, дээрлик өзү түзгөн “Ак жол” партиясынан куралган парламент түзүүгө жетишкен. 2007-жылы 16-декабрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жетпей калган оппозициялык күчтөр 2008-жылы биригүүгө бет алып, февраль айында “Акыйкат үчүн” кыймылы деген ат менен алгачкы жыйынын өткөргөн.

Парламенттик шайлоону тааныбай тургандыгын жарыялаган бул кыймылдын курамына «Ата мекен», «Ар намыс», «Асаба», “Ак шумкар”, «Таза коом» сыяктуу парламенттик шайлоодо мандатка жетпей калган 18 саясий уюм, 49 коомдук-саясий ишмерлер киришкен. Кыймыл өзүнүн алдында Коомдук парламент да түзгөн. Күзгө жуук бул кыймылга бириккендигин парламентте өзүнүн фракциясы бар Алмаз Атамбаевдин Социал-демократтар партиясы да жарыялады. Бул аралыкта чакан ГЭСтерди өнүктүү боюнча ишкана директору болуп дайындалып кеткен мурдагы премьер министр Феликс Куловдун “Ар-намыс” партиясынын карааны оппозицияда көрүнбөй калды.

Ошол эле мезгилде ыңкылапчы, радикалдык көз карашты тутунган Азимбек Бекназаров “Акыйкат үчүн” кыймылынан да, өзү башкарган “Асаба” партиясынан да бөлүнүп, Кыргызстан Элдик революциялык кыймыл аттуу радикалдык уюм түздү, алдыга президент Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кетирүү максатын койду. Бул кыймылга Топчубек Тургуналиев өңдүү ыңкылапчылардын жоон тобу кирди. Аскар Акаевдин тушунда бийик кызматтарда иштеген мамлекеттик ишмерлер да ушул жылы Бириккен Кыргызстан кыймылын түзүштү. Белгилүү саясий ишмер Турдакун Усубалиев кыймылдын жетекчилеринин бири болду. Бул аралыкта Назарбек Нышановдун Элдик патриоттук деп аталган кыймылы президентке импичмент жарыялоо боюнча кол топтоо менен алектенди.

Президенттин командасында аталык катары саналган Үсөн Сыдыков түптөгөн “Жаңы Кыргызстан” партиясынын таасирдүү жетекчиси Исмаил Исаков президенттин саясатын сындап, Коопсуздук кеңешинин катчылык кызматынан ачык баш тартты. Бул оппозициянын аракеттеринин жанданышына таасир этти.

3-ноябрда оппозициялык күчтөрдүн, коомдук-саясий ишмерлердин жоон тобу бийлик системасын алмаштырабыз деген чакырыктын алдында меморандум кабыл алышты. Бакиевге жумшак мамиледе болуп атат деп, меморандумга тилектештигин Азимбек Бекназаровдун кыймылы билдирбей койду. Меморандумду жыл башынан бери “Акыйкат үчүн” кыймылында келаткан Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов да колдогон жок. Кийинчерээк ал оппозициянын бийликти радикалдуу жол менен алуу, парламенттик башкаруу системасын орнотуу демилгесин кескин сынга алып чыкты. Мамлекеттин тагдыры менен ойноону каалабай тургандыгын айтты.

Анткен менен оппозициялык күчтөрдүн жалпы катышуусунда өткөн “Акыйкат үчүн” кыймылынын ноябрь курултайы Кыргызстандын жаңы саясий системасынын Концепциясын кабыл алып, аны айрым лидерлер АКШдагы коомдук-саясий чөйрө менен талкуулап келгенге үлгүрүштү.

Декабрда бардык оппозициялык саясий күчтөр баш тоголотуп, жаңы коалиция түзүштү. Бул ирет коалицияга кол койгондордун катарына Азимбек Бакназаровдун Кыргызстан Элдик революциялык кыймылы, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков баштаган “Жаңы Кыргызстан” партиясы кошулду. Ошентип, жаңы оппозициянын курамы азыр дээрлик 24-март окуясынын алдындагы саясий күчтөрдөн туруп, аларды Аскар Акаевдин тушундагы мамлекеттик кызматкерлер толуктап калышты. Мындай тыянакты саясий лидерлер өздөрү оппозициянын жаңы деңгээлге көтөрүлүшү, саясий күрөштөгү олуттуу утушу деп баалашты.

- Бириккен оппозиция эки чоң курултай өткөрдү. Ал курултайларда бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелери талкууланды. Жыйынтыгында оппозициянын бир бөлүгү саясий түзүлүш боюнча бир пикирге келип, концепциясын сунуштады. Бул маанилүү. Анткени, биринчи жолу ушунча көп партия, коомдук уюмдар саясий түзүлүш боюнча бир пикирге келишти. Башкача пикирдеги саясий партиялар менен да биз кечээ жакында тактикалык союз түздүк. Реформа жүргүзүш үчүн бүгүнкү бийликти алмаштырыш керек деген – бүгүнкү күндүн тапшырмасы. Бир четинен муну радикалдашуу деп айтса да болот, - деди “Ата Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Оппозиция бийликти мамлекетти башкарууга жөндөмсүздүгүн көрсөттү, энергетика тармагын кургуйга салды, коорупциялык башкаруу системасынан баш тарткан жок, адам укуктарын коргоодон, демократиялык баалуулуктардан оолактап, тоталитардык башкарууга бет алды, сөз эркиндигин чектеп, саясий куугунтукту күчөттү деп айыптап келатат.

Казак-кыргыз чегарасындагы Каркыра жайлоосуна байланышкан 2008-жылкы Түп жүрүшүн жана ага жасалган тоскоолдуктарды оппозициячылар ой атуу эркиндигине жасаган бийликтин катаал кысымы дешти.

Жыл ичинде тиешелүү органдар мурдагы мамлекеттик мүлк башчысы Равшан Жээнбековго, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго каршы кылмыш иштери козголуп, Жекшенкуловдун уулун журналист Алишер Саиповду өлтүрүүдө колдонулган курал катышкан чатакта болгон деген шекти жарыялады. Оппозициялык маанайдагы “Де-факто”, “Алиби” гезиттерине каршы кылмыш иштери козголуп, гезиттер жабылды. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубатбек Байболов салык жашырды деп, облус губернаторунун мурдагы орун басары Эмил Каптагаев кызматынан аша чапты деп мурда коюлган кинелер жанданды. Элдик революциялык кыймыл жайгашып турган “Жашылдар” партиясынын кеңсеси кароодон өткөрүлүп, лидерлерге президенттин абийир, ар-намысына шек келтирилип жаткандыгы эскертилди.

Президент Курманбек Бакиевге ыктаган саясий чөйрө болсо жылы бою дээрлик оппозициялык лидерлерди бийлик талашкандардын жана мыйзам алдындагы жоопкерчиликтен саясат аркылуу кутулууга аракеттенгендердин тобу деп сындагандан жазган жок. Мындай көз караштагы саясатчылардын айтымында оппозиция “арадай жерде чарадай чуу чыгаруу” аркылуу коомчулукту өзүнө буруп жатат. Алардын бири, “Ак жол” партиясынын лидери Бейшен Абдырасаков бийлик оппозицияны куугунтуктаган жери жок, болгону мыйзамды аткарып жатат дейт:

- Мыйзамда жазылып турат. Аны бийлик аткарышы керек. Кыргызстанда 5 миллиондон ашык эл бар. Ошол жарандардын укуктары бир 50 киши үчүн бузулбашы керек. Бийлик ошону сакташ керек, милдети ошол.

Ошондой эле Бейшен Абдырасаков оппозиция кандайдыр бир бирдиккен, таасирдүү саясий күч болоруна ишенбейт:

- Оппозициянын ичинде ар түрдүү адамдар бар жана алардын башы эч убакта бирикпейт. Ар биринин дымагы күч. Оппозициянын алдыңкы сабында жүз киши болсо, ошол жүзү тең президент болом дегендер. А президенттик орун бирөө гана.

Президенттин администрациясы расмий бийлик саясатка эмес, экономикага артыкчылык берерин эскертип, оппозицияны көңүл сыртында калтырган түр көрсөтүп келатат. Президент Курманбек Бакиев өзү да мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу таратылган Исмаил Исаковго дооматын эске албаганда, оппозициянын аракеттерине быйыл атайылап баа берген жок. Мурдагы тилектеши Исаковго таандык пикиринде кыйытканга караганда президенттин ички-тышкы саясаты оппозиция сындагандай эмес, тескерисинче туура нукта баратат:

- Жеке өзүнүн таарынычын мамлекеттик деңгээлге алып чыкты. Андайды мен күткөн жок элем бу кишиден. Президенттин жүргүзүп жаткан тышкы саясатынын жыйынтыгын мына турмуш өзү көрсөтүп атат. Президенттин жүргүзүп аткан ички саясатын да турмуш көрсөтүп атат. Бардык жерде. Ошондуктан бу жерде жеке таарынычты мындай деңгээлге алып чыкпаш керек эле да.

Оппозицияга үмүт артпагандардын катарында мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов да бар. Муну ишмер оппозициянын бийлик сыяктуу эле элден алыс тургандыгы менен негиздейт:

- Эл бийликтен четтетилген. Ал эми саясий күрөш - саясатчылардын күрөшү. Мунун демократияга анча деле тиешеси жок. Эгерде оппозиция элди бийликке алып келем деп көтөрүлүп чыкса бул демократияга жакын болот эле. Оппозиция деле элден алыстап атпайбы.

Оппозициялык күчтөр болсо тескерисинче эл менен бирге экендигин, азыркы бийликтен элдин көңүлү кайт болгондугун, ошого жараша элдин бардык талаптарын аткаруу үчүн жан үрөп келатканын үзбөй кайталашууда. Таасирдүү саясий лидерлердин катарында саналган Өмүрбек Текебаев оппозиция катачылыктарды кетирип жаткандыгын моюнга алуу менен, ал бара-бара жоюларын эскертти:

- Биз баарыбыз келечектеги саясий түзүлүш боюнча бир пикирде эмеспиз. Бул биздин кемчиликтердин бир чети болушу мүмкүн. Экинчиден, биз эркин сөз укугуна, саясий куугунтуктоолорго баарыбыз бирдиктүү натыйжалуу каршылык көргөзө албадык. Бирок, бара-бара партиялар, саясий кыймылдыр түптөлүп, бекемделсе, саясий оппозиция реалдуу күч катары өзүн көргөзө алат деп ойлойм.

Текебаев белгилегенге караганда, оппозиция бийлик менен конструктивдүү кызматташтыкка барбайт, анткени ал өз жемишин берерине ишенбейт. Байкоочулар өз кезегинде президент Бакиевдин бийлиги Акаевдин бийлигинен айырмаланып, саясий күрөштө оппозицияга демилгени алдыргыдай жагдайга кирептер боло элек, ошондуктан, ал оппозиция менен эсептешүүгө кызыкдар эмес деп жатышат.

Ошол эле мезгилде оппозиция да таасирин күчөтүүнүн жолдорун издөө менен алек. Бул максатта күзгө жуук Орусияга, андан кийин АКШга барып, Кыргызстан эсептешпей кое албай турган өлкөлөрдөгү чөйрөлөрдүн кыргыз оппозицияга мамилесин байкап кайтышты. Муну бир топ байкоочулар оппозициянын быйылкы батыл аракеттеринин бири катары баалашты. Алардын бири саясат таануучу Кубан Абдымен “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди:

- Быйыл оппозиция ишмердүүлүгүндө эмне өзгөчөлүк байкалды?

- 2006-2007-жылдардагы активдүү иш чараларында оппозициянын салмактуураак, көбүрөөк анализ жүргүзгөн, бир нукта иштейли деген аракеттери байкалды. Мунун апогейи, туу чокусу 2008-жылы оппозициячылардын Кыргызстандын сыртына чыгып, Россиядан баштап Америкага чейин өзүнүн жаңы концепциясын, жаңы саясий түзүлүштүн долбоорун тартуулап, ага эл аралык деңгээлде колдоо алабыз деген аракеттери десек болот. Муну менен оппозиция өзгөчөлүгүн, бышып жетилгендигин көрсөттү.

- Оппозиция тыштан колдоо таба алабы?

- Колдоо табат деп айтыш кыйын, албетте. Бирок, Кыргызстанда түзүлгөн азыркы кырдаалды алыскы Америка эмес, биринчи кезекте жакынкы өлкөлөр түшүнүп, көрүп турушат. Ошондуктан ар бир мамлекет өзүнүн максатына ылайык мамиле кылат. Мисалы Россия, Казакстан, Өзбекстан өндүү мамлекеттердин бийлик башчылары Кыргызстанда азыркы стабилдүү абалды сактап турганга кызыкдар. Ал эми демократиялык нуктагы саясатын башкаларга таратабыз дегендер да бар да. Алар Кыргызстандын оппозициясына колдоо көрсөткөнгө кызыкдар. Ушундай эле кызыкчылыктар боюнча Америкада деле, Европада деле саясий топтордун экиге бөлүнгөнүн көрүүгө болот. Бирок азыркы 2008-жылдын жыйынтыгы менен айтканда кыргыз өкмөтүн, кыргыз бийлигин сындагандардын саны көбөйүп баратканы байкалат. Алардын бияктагы өзгөрүүлөргө көз салып, кызыгып аткандыгы оппозицияга дем берип атат. Ошондуктан, баары болбосо да кээ бир саясий топтор батыштан болобу, коңшу өлкөлөрдөн болобу, колунан келерлик колдоору талашсыз.

- Бийлик менен оппозиция ортосундагы саясий күчтөрдүн тең салмактуулугу кандай? Дегеле салыштырууга болобу?

- Кээ бир батыш эксперттеринин айткандарын эске алганда Кыргызстандын шартында азыр өзүнүн бийлигин сактап калуу үчүн күч колдонууга бийлик барары талашсыз экенин моюнга алуу керек. Бийликти сактап калам дегенге жакында эле парламенттин чечими менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрү саясий бир чараларды көрүүгө укуктуу болгону далил. Ошондуктан салыштыруу мүмкүн эмес. Албетте логикалык жактан алганда оппозицияда интеллектуалдуу күчтөрдүн топтолгону байкалып атат. Бирок расмий бийлиги, расмий укугу бар күчтөрдүн бардыгы бийлик тарапта болгондуктан, алар мыйзамга таянып, каршылаштарынын бардыгын унчукпоого, аракеттеринин бардыгын токтотууга жол ачып алган. Ошондуктан тең салмактуулук болушу мүмкүн эмес.

- Лидерлер өздөрү да оппозиция радикалдашкан нукта биригип атканын айтып атышат. Бул келаткан жылы кармаштарды пайда кылбайбы?

- Бул табийгый нерсе дейм. Эгер конфронтация болсо ал оппозициянын өтө эле радикалдашканынын кесепетинен деп айтууга болбойт. Тескерисинче Кыргызстандагы саясий абалдын курчуп бараткандагысы болот. Дүйнөлүк экономикалык кризистин коштошу коомчулукта нааразычылыктарды жаратып, анын ичинен чыккан күчтөрдү радикалдаштырууга түртүп атат.

- Рахмат. маегиңизге.

Оппозициянын азыркы маанайына караганда Кыргызстандын башкаруу системасын Конституцияда көрсөтүлгөн жол менен алмаштыруу үчүн күрөштү президенттик шайлоого даярдыктар кызуу башталары күтүлүп жаткан 2009-жылы да улантат.

Азимбек Бекназаровдун акыркы жыйындардын биринде ишендиргенине караганда оппозиция лидерликке жетүүгө эмес, үй-бүлөлүк системаны алмаштырууга кызыкдар. Ошол эле мезгилде оппозиция үчүн бир лидерди тандоо бул жылы талылуу маселе бойдон калды. Байкоочулар келерки жыл да оппозиция үчүн бул башкы баш оору болорун айтып жатышат.

Кыргызстандык ажылардын кыйласы кечигүүдө

Кыргызстандык ажылардын кыйласы өз убагында кайтып келе албай, кечигип жатышат. Таптакыр эле кабарсыз болуп жаткандары да бар.

Ажылардын канчасы кечигип атканын азыр так айтуу мүмкүн эмес. Бирок өкмөткө чейин бул маселеге тынчсызданып кайрылгандар кыйла эле арбын. Жалпыга маалымдоо каражаттарында да, кыргыз парламентинде да кечигип жаткан ажылар туурасында кызуу сөз болуп кирди. Анткен менен Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Каныбек Осмоналиев бул тынчсызданууларды сабырдуулуктун жоктугу катары гана баалайт:

- Ажылык - мусулмандын бир парызы болгондон кийин биз сабырдуулук маселесин унуткандай болуп турабыз. Ошон үчүн чуу көтөрчүлөр пайда боло баштагандай. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айрым учак каттамдары, айрыкча Йорданиянын Акаба шаары аркылуу келчүлөр кармалып атат. Бизге, депутаттарга, өкмөткө чейин кабатырлангандар чыгууда. Биз жөнөткөн 4500дөй ажынын баарысы келет, бир аз чыдап туралы.

Бир катар ажылардын таптакыр эле дайын-оту белгисиз болуп, жакындары аябай кабатырланып жаткандыгы да ырас. Каныбек Осмоналиевдин айтуусунда, алар – Кыргызстанга расмий түрдө келген 4500 квотанын негизинде ажыга кеткендер эмес. Алар – жылдагыдай эле бейтартиптик кылышып, автоунаа менен жашырыкча ажыга кеткендер. Алардын саны 300гө чамалаш, топтогон ажы башчылары менен да байланышууга болбой жатат. Кайсыл жерде келатышкандыгы да белгисиз. Андыктан мамлекеттик агенттик деректири мындай дейт:

- Ачык эле айтып коёлу, ошондой ажылыкты өз алдынча уюштуруп элди кыйнагандарды катуу бир тартипке чакырып коюуга мезгил жетти.

Өкмөттүн ажылыкты уюштуруу боюнча 2005-жылы кабыл алган токтомуна ылайык ажыга кыргызстандандыктар учак менен гана барууга милдеттүү.

Кыргызстандын Сауд Арабстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Жусупбек Шариповдун белгилөөсүндө, быйыл Кыргызстандан барган зыяратчылардын негизги үч кемчилиги бар. Туура эмес виза менен келгендер болуптур, ажылык ибадаттарга киргизилбей, демек, ажы болбой кайра кеткендер жана учактар менен да кыйла проблемалар болуптур.

Элчи Жусупбек Шарипов Йорданиянын Акаба шаары аркылуу Кыргызстанга учмакчы болушкан ажылардын узакка кармалуусуна токтолуп, буларды айтты:

- Кыргызстанга жеткирүү боюнча кайсы бир авиакомпания менен сүйлөшүлгөн экен. Бирок конфликт чыгып кетип, учактарын бербей коюшуптур. Анан башка авиакомпания менен келишим түзүп, кеткени жатышат. Биздин ажы башчылардын, ажылыкты уюштуруу штабынын да күнөөсү бар. Алар авиакомпания менен кайтаар күнүн белгилебей, алдынала тактабай коюшуптур. Баары тең эми Кыргызстанга келишет. Бирок ажылардын чөнтөктөрүндө акчалары жок аябай кыйналышыптыр.

Ажылардын жаңы жылга чейин келип калышын алардын үй-бүлөлөрү, жакындары абдан каалап-тилеп тургандыгы айтпаса да түшүнүктүү. Ал эми мындай кечигүүлөр – негизгиси эле, ажыларды Кыргызстандан түз Саударабстанга, Саударабстандан түз Кыргызстанга учуруу өкмөттүн колунан келбей жаткандыгынан улам жаралууда деген пикирлер айтылып жатат.

Аптанын маданий окуялар күндөлүгү

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынтыктоочу кеңешмесинде белгиленгендей ”Айтматов жылында республика боюнча 550дөн ашуун иш-чаралар уюштурулду.

Анын жардамы Чыңгыз Төрөкуловичтин катышуусу менен өткөн. Ал экинчи жарымын тилекке каршы, улуу жазуучуну эсекерүү иретинде өткөрүүгө туура келди”,- деп белгиледи мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол. Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле жыл сайын Айтматов форумун өткөрүү, Айтматов энциклопедиясын басып чыгаруу, улуу жазуучу жөнүндө замандаштарынын эскерүүлөрүнөн документалдуу фильм тартуу жөнүндө сунуштар айтылды.

26-октябрда, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана белет театрында Президент Курманбек Бакиев катышкан балдар үчүн жаңы жылдык “Балалыктын балатысы” деген аталыштагы оюн-зоок өттү. Жаңы жылдык оюн-зоокко окуунун отличниктеринен, олимпиадалардын, фестивалдардын жеңүүчүлөрүнөн, ”Жеткинчектин” стипендианттарынан , балдар кыймылдарынын өзгөчө активдүү катышуучуларынан, республикадагы бардык балдар үйлөрүнөн жана мектеп-интернаттарынан 800 бала чакырылган.

2008-жылы Юрмалада өтүүчү жаш аткаруучулардын "Жаш толкун" эл аралык сынагына катышкан жаш ырчы Омар "Жылдын ачылышы" деген наамга татып, "Айкөл Манас" сыйлыгына ээ болду. Бул сыйлыкты "Кыргызстандагы Жыл тандоосу, Жыл адамы-2008" эл аралык фестиваль-конкурстун сыйлык тапшыруу аземинде 2008-жылы Кыргызстандын намысын эл аралык аренада жемиштүү коргогондугу үчүн ыйгарышты.

Жаш кинорежиссер Акжол Бекболотов Дубайда өткөн эл аралык кинофестивалда “Бизде баары жакшы” фильми менен экинчи орунга татыктуу болду. “Айтыш Фильм” студиясы кабарлагандай бул фестиваль жылына өтүп, дүйнөнүн баардык өлкөлөрүнөн киноишмерлер катышат. “Ой Арт” продюсердик борборунун көмөгү менен тартылган “Бизде баары жакшы” фильми аз убакыттын ичинде бир катар фестивалдарда көрүүчүлөдүн сынына коюлган.

Белгилүү америкалык кинорежиссер Роберт Маллиган 83 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун жары Сэнди айым кабарлагандай кинорежиссерду көптөн бери жүрөк оорусу тынчсыздандырып келген. Маллиган чыгармачылык жолунда ондогон тасмаларды жаратып, бир катар сыйлыктарга ээ болгон.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев бул жумада маданият кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Аземге Орусиянын 50 дөн ашык белгилүү маданият ишмерлери чогулушуп, өлкө башчысынын колунан сыйлыктарды алышты.

Польшанын белгилүү “Мазовше” аттуу ыр-бий ансамбли бул аптада Москвада концерт берди. Бул маданий иш-чара Польшанын Орусиядагы маданий күндөрүнүн алкагында болду.

23-декабрда Москвада белгилүү бийчи, СССРдин эл артисти Ольга Лепешинскаяны акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү болду. Маркум менен коштошууга белгилүү артистер жана бий өнөрпоздору келишкен. Ольга Лепешинская чыгармачылык жолунда Оруссиядагы театралдык көркөм өнөр академиясынын профессору болуп, мамлекеттик сыйлыкка төрт жолу татып, 14 орден менен сыйланган.

















Нурбек Эген: Манас жакында төрөлөт

«Манастын төрөлүшүн утурлап» тасмасын тартуу учурунда

Кыргыз кинорежиссеру Нурбек Эген «Манастын төрөлүшүн утурлап» аттуу даректүү тасмасын дээрлик бүтүп калды. Бул тууралуу режиссер «Азаттыктын» кабарчысы Төрөкул Дооров менен болгон маегинде билдирди.

Нурбек Эген: Буюрса, тилеген тилектер орундалса, майдын аягында бүтүрөм. Анан аны-муну болуп, күздүн орто ченинде же аягында кыргыз элине көрсөтө баштайм. Тасма азырынча толук тартылып бүтө элек. Кыйтайлык кыргыздарга, анан түрк кыргыздарына барып, бир каарманды тартышым керек. Андан ары жапондордун Токия шаарында да бир каармандын үйүнө барып, ошол жактан тартыш калды. Ошону бүтүргөңдөн кийин, анан фильмди бүтүрдүм десем болот. Бирок ага чейин эле киного керектүү материалдарды топтоо дурус жүрүп жатат. Жалпысынан 12 сааттык материал топтолду. Ошонун ичинен эки сааттык даректүү тасма болот.

Азыр Бишкекте жүрөм. Бир аптадан бери кыргыздын мамлекеттик архивинде көптөгөн эски тасмаларды, эски сүрөттөрдү таап көчүрдүм. Андан сырткары, кыргыз элинин эгемендүүлүктү алгандан кийинки олуттуу окуялары, анын ичинде Ош окуясы, 1937-жылкы окуяларда шейит болгон кыргыз уулдарынын сөөктөрү, тарыхы жөнүндө көп архивдик маалыматты издеп, буюрса көңүлгө толоорлук сүрөттөрдү, тасмаларды таптым деп ойлойм.

Төрөкул Дооров: Нурбек, сиз баштап ушул идеяны көтөрүп чыкканда мунун кайсыл бир деңгээлде тарыхый жоопкерчилиги да чоң болот деп кичине чоочулап тургандай айттыңыз элеңиз. Азыр эми өзүңүз топтогон материалдардын негизинде негизги идеяны канчалык деңгээлде ачып бергенге жетише алам деп ойлойсуз?

Нурбек Эген: Күндөн-күнгө окуган макалалар, китептер, же сүйлөшкөн сөздөр, маектер жыйынтыгында өзгөрүлүп сакталып, жалпы топтогон материалдарым да кыскартылып баратат. Биринчи баштап жатканда корккондой болгом. Бул - өтө жоопкерчиликтүү жумуш. Ошентсе да, чын пейилден болгон күчтү жумшап, кыргыздардын аз гана болсо да тарыхын, түсүн, жытын, пейилин, максатын көрсөткөн чоң тасма болсо деген тилек менен иштеп жатам.

Төрөкул Дооров:
Эпос менен байланышкан идеяны бүгүнкү турмуш менен айкалыштырып берүү, албетте, чоң жоопкерчилик болсо керек

Нурбек Эген: Аябай чоң жоопкерчиликти алып жатканымды түшүнөм.

Төрөкул Дооров: Сиздин фильмиңизде Манасты көрсөткөн кадрлар болобу, ойногон кыргыздар, мисалы, Манас эпосундагы өзүнчө бөлүктөрдү экрандаштырган учурларыңыз болобу?

Нурбек Эген: Жок. “Манастын төрөлүшүн утурлап” деген тасма бүгүнкү күндө эл кыйналып, эл бириге албай турган кезде Манастын төрөлүшү, же Манастай болгон азаматтын төрөлүшү бул мыйзам ченемдүү нерсе деп ойлойм. Себеби Манас төрөлөөрдүн алдында да кыргыздар чачырап, өзүнүн башын таппай кыйналып жаткан. Ошол кезде Манас кыргыз элинин башын, оюн бириктирип анан кыргыздар өзүнүн мамлекеттүүлүгүн куруп, өнүгүп жашай башташкан. Эгер кыргыздар бүгүнкү күндөгүдөй болуп биринин сөзүн бири укпай, кадырлап барктабай жашасак, анда Манас төрөлбөйт.

Эгер бүгүнкү күндө, мен байкап жаткандай, баардыгы «Манастай жигит келсе экен» деген идеяга бириксе гана ал төрөлөт. Манас десе кылыч көтөрүп, калкан кармаган эмес, бүгүнкү күндүн Манасы жөнүндө айтып жатам. Ошондой бирөө келип, биздин мамлекетибиздин башында турса деген тилек. Президент болобу, же Чыңгыз атабыздай болуп калеми, улуу ойлору мененби, айтор, элдин дээрлик көз карашын, ой жүгүртүүсүн өзгөрткөн бирөө келсе деген ой. Ушул тилекке канча адам көп кошулса, ошол адамдын төрөлүшү, тарбияланышы, коомдун мыйзамченемдүүлүгү ошончолук күчтүү болот. Эми менин ойлогонуман, менин көргөнүмөн, сүйлөшкөн кишилердин маанайына, максаттарына, ойлогон ойлоруна караганда, биздин бүгүнкү Манас, Кудай кааласа, жакынкы күндө төрөлөт деп ойлойм.

Төрөкул Дооров: Төрөлөт дегениңиз, жакынкы күндөрдө төрөлөбү, же жакынкы күндөрдө аты чыгабы?

Нурбек Эген: Аты чыгат, 20-25 жылдын ичинде.

Төрөкул Дооров: Нурбек сиз быйыл 9-июлда кыргыз президенти Курманбек Бакиев менен жолугушканыңыз эсибизде. Мына ошондон кийин “Манастын төрөлүшүн утурлап” деген тасма тартам деп айтып чыктыңыз. Ошон үчүнбү, айтор, балким бул президенттин заказы болсо керек деген сөздөр айтыла баштады. Бул чындап эле «мамлекеттик заказбы?»
Режиссер Н.Эген президент К.Бакиев менен


Нурбек Эген: Жок, ал кишиге бул фильм жөнүндө сөзүбүздүн соңунда гана айттым. Президент менен жолугушууда улуттук, мамлекеттик деңгээлдеги, көркөм фильмдер туурасында сүйлөшүүлөр болду. Аягында «азыр эмне жумуш кылып атасың?» деп сураганынан, бул жөнүндө айтсам, кыргыз мамлекет башчысы өзүнүн президенттик фондунан акча каражат бөлүп берди.

Төрөкул Дооров: Ушул тасманы тарткангабы?

Нурбек Эген: Ооба. Президент иштеринин башчысы да фильм тартып атканда колунан келишинче автоунаа, күйүүчү май жагынан жардам берип турду. Иши кылып, кыргыз президентинен тартып, эшик шыпыргандарга чейин бардыгы жардам берип, баары ушул тилекти колдоп жатышканын мен толук ишеним менен айта алам. Ошон үчүн бүгүнкү күндө биздин Манасыбыздын төрөлүшү жакындап калды деп дагы бир ишендирип өткүм келет.

Төрөкул Дооров: 9-июлдагы жолугушууда “Сынган кылыч”, “Курманжан датка”, “Курманбек баатыр” деген тарыхый чыгармаларды да экрандаштыруу жөнүндө сүйлөшүп, анан ошондон кийин иш башталат деп айттыңыз эле. Алар боюнча эмне жаңылык бар?

Нурбек Эген: Буюрса, мамлекеттик улуттук программа боюнча көрсөтүлгөн фильмдердин биринчиси Курманжан датка жөнүндө болмокчу. Фильмдин сценарийи бүтөйүн деп калдым. Буюрса, президент менен сүйлөшкөн сөз боюнча, 2010-жылдын баш чендеринде ал даяр болуп калат деп ойлойм.

Төрөкул Дооров: Буга мамлекет тараптан акча бөлүндүбү, же эми бөлүнөбү?

Нурбек Эген: Мунун 70% жакыны - кыргыз мамлекетинен бериле турган акчалар, калганын чет мамлекеттик колдоочулар беришет.

Төрөкул Дооров: “Манастын төрөлүшүн утурлап” деген тасмаңыз боюнча 10 каарманды алып, алардын ичинде жөнөкөй айдоочусу да, белгилүү адамдар да болот деп айттыңыз эле. Биздин алгачкы интервьюбуз эсимде, “Азаттыкка” алгачкы ирет ушу тасма жөнүндө айтып жатып, Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Чыңгыз Айтматов өңдүү кыргыздын атын чыгарган, 90-жылдар жеке тагдырына чоң таасир эткен адамдар жөнүндө тартып калсам жакшы болот эле деп айткансыз. Ушул кишилердин кимиси тасмаңызга кирет?

Нурбек Эген:
Эч кимиси кирбейт. А.Акаев бул киного тартылгандан баш тартты. Экөөбүз жолугуп сүйлөштүк, Аскар Акаев бул кинонун максатын түшүнгөн жок. Ал эми Чыңгыз атабыз дүйнө тартып кетти. К.Бакиев бүгүнкү күндөгү жумуштарына, жоопкерчилине таянып десек болот, ал каарамандарды элдин ичинен эле ал деп койду, мен аны менен макул болдум. Чынын айтканда, фильмдин каармандары элдин ичинен. Атактуусу, эл тааныганы бир эле киши болот деп ойлойм.

Төрөкул Дооров: Нурбек, эмне үчүн тартып атасыз бул фильмди, тасманын максаты эмнеде?

Нурбек Эген: Элдин патриоттук сезимдерин ойготуу. Кыргыздын, бүгүнкү жаштардын ким экенин, өзүнүн тарыхын көрсөтүп, келечегин түшүнгөн мекендештери, замандаштары менен тааныштыруу. Бул фильмдин каарамандары ар тараптуу, ар кандай катмардагы, ар кандай ой-максаттары бар кишилер. Бири-бири менен деги сүйлөшпөгөн, деги кезигишпеген каармандар.

Төрөкул Дооров: Нурбек, сизге чоң рахмат. Иштериңизге ийгилик каалайбыз.

Канатбек Бегалиев - жылдын эң мыкты спортчусу

2008- жылы Кытайдын борбору Бээжинде олимпиада болуп, 205 өлкөнүн спортчулары күч сынашты. Мында кыргызстандык балбан, Азия чемпиону Канатбек Бегалиев финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган.

Бээжиндеги олимпиадалык таймашууга Кыргызстандан 20 спортчу катышса, грек-рим күрөшүнөн 2 жигит, эркин күрөштөн 3 балбан мөрөй талашты. Балким бардык 7 салмак боюнча балбандар жолдомо алышканда дагы бир-экөө байгеге илинип калышы мүмкүн эле дешет спорт адистери.

Бээжиндеги олимпиадада грек-рим жана эркин күрөшүнөн таймашуулары курч мүнөздө болуп, Азия чемпиону, кыргызстандык балбан Канат Бегалиев 4 атаандашын (алардын баары дуйнөнү дүңүрөткөн балбандар, экөө дүйнө чемпиону, олимпиада жеңүүчүлөрү, экөө Европанын көп жолку чемпиону) артыкчылык менен жеңип, баш байге үчүн талапкер болгон. 66 кг. салмактагы олимпиада чемпионун алтын байгеси үчүн Канат Бегалиев франциялык балбан менен беттешип, биринчи бөлүктө чучукулак атаандашына түшүп, бир упай менен алдырып койду. Экинчи бөлүктө калыстар атайын чучукулакты французга түшүрүп, артыкчылыкты оодарып коюшту. Калыстар Канаттын 2 упайын эсепке албай коюшуп, жеңишти атаандашына ыйгарып коюшту.

Өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу Эмил Алыкуловдун айтымында, шакирти Канатбек Бегалиев кыргыз спорт тарыхындагы алгачкы күмүш медалды тагынды.

- Грек-рим күрөшүнөн Канат Бегалиев Бээжин олимпиадасынын алгачкы күмүш медалын тагынды. Ал Кыргызстанды даңазалады. Мурда кыргыз спортунун тарыхында 1999-жылы маркум Раатбек Санатбаев гана дүйнө чемпионатынын коло байгесине татыктуу болгон. Бул жолу да калыстардын айынан алтын байгеден куру калдык. Себеби калыстар каратып туруп эле колдо турган алтын медалды франциялык балбанга ыйгарып койду. Канат финалга чейин эмне деген гана залкар, атактуу балбандарды жеңди. Дагы таймашуулар али алдыда. Эгер ушул француз менен дагы бир жерде беттешип калса, өткөн намысты кайра алып, ким күчтүү экенин далилдейбиз.

Ошентип Кыргызстандын күрөшүнүн тарыхында олимпиаданын биринчи күмүш медалы экенин өлкөнүн грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Алмаз Касенов кубануу менен билдирип, Канатбек Бегалиевдин жеңишке умтулуусу, максаттарына жете билүүсү, эрки күчтүү балбан экенин белгиледи.

-Грек-рим күрөшүнөн Канат Бегалиев Бээжинде олимпиаданын күмүш медалын татыктуу тагынды. Биз аны олимпиада чемпиону деп билебиз. Себеби калыстардын айынан гана алтын медалдан куру калдык. Ал Кыргызстанды дүйнөгө даңазалап, кыргыз өңүн таанытты. Анын ушул жеңишин өкмөт, спорт жетекчилери татыктуу баалап, көңүлүн өстүрүп, жакшы шарт түзүп берди. Бул жигит Лондон олимпиадасында чемпион болууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Марага келаткан күлүктү сүрөөнгө алгандай, жеңиштин бийик чокусун багындырган балбанды да сүрөп, камкордук көрүү зарыл. Анын жеңишке умтулуусу, максатына жетүүсү башкаларга үлгү.

Даңазалуу Төлөш балбандын небереси Канатбек Бегалиев 1984-жылы Таласта жарык дүйнөгө келген. Грек-рим күрөшүнүн алгачкы ыкмаларын Таластагы биринчи машыктыруучусу Ороз Шаршакеев үйрөткөн. Чоң спорттун эшигин ачып, бийиктиктерге жетелеген устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Мейрамбек Ахметов. Канат өлкөнүн биринчилигин бир нече ирет жеңип алууга жетишкен. 2001-жылы уландар арасында Азия чемпионатында баш байгени утуп, алтын медаль тагынган.

2004-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медалдын ээси болгон. 2004-жылы Ташкентте өткөн Гран-при эл аралык турниринде экинчи орунду камсыз кылуу менен Афина олимпиадасына жолдомо алган. 2004-жылы Афина олимпиадасында намыс талашып дүйнөдөгү эң атактуу балбандарга каршы туруп 8-орунга жетип, дүйнөнүн 10 мыкты балбанынын катарына кошулган.

Кыргызстанга дүйнө чемпионатынын күмүш медалын утуп берген Канатбек Бегалиев Монголияда өткөн студенттердин дүйнөлүк чемпионатында коло байгенин ээси болгон. 2006-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында баш байгени утуп, алтын медаль тагынган.

Уулунун ийгилигине кубанган Канатбектин апасы Батма Бегалиева алгач күрөшкө барышына каршы болгонун эскерип, учурда Кыргыз улуттук университетинде экономика факультетинин аяктап жатканын айтып, машыктыруучусу Майрамбек Ахметовго ыраазычылык билдирди.

-Мындай жигиттер көчө таптап, оюн-күлкү менен жүрүшсө, балам күндө 2 маал машыгып, эл намысы деп башын сайып, баарынан кечип жүрөт. Алгач күрөшкө баруусуна каршы болуп, “мал баксын, отун алып, бизге жардам берсин” деген элем. Атасы менен машыктыруучусу Майрамбек Ахметов суранып жатып, Бишкектеги спорт окуу жайына алып кетишкен. Ошондо көгөрүп туруп алсам баламдын багын байлап коймок экемин. Азыр чексиз кубанып турам. Кудайга шүгүр 4 уул, 2 кызыбыз бар, Канат төртүнчүсү. Университеттеги окуусуна да, спортко да жетишип жатат. Эл намысына жарап эсен болсо болду.

Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиевди спорт коомчулугу ийгилиги менен куттуктап, өлкө жетекчиси Курманбек Бакиев 100 миң доллар жана “Мицибисси” үлгүсүндөгү жип автоаргымагын тапшырды.

Канатбектин чоң атасы Борбор Азияга таанымал балбан болгон, эки бир тууганы да спорт чебери. Атасы Кубат дагы учурунда кыргыз күрөшү боюнча өлкөнүн бир нече жолку чемпиону. Канатбектин ата-теги балбандын тукуму.

- Менин атам Төлөш аюу менен кармашып, аны жыгып, байлап келген балбан болчу. Талас эмес бүтүндөй Казакстанга таанылган балбан болгон. Мен да жаш кезимде күрөш, бокс менен машыккам. «Колхозчу» жана «Намыс» спорт клубдарынын көп жолку чемпиону аталгам. Спорт чебери аталып, өлкөнүн эки жолку чемпиону болгон элем. Каныбызда балбандык касиет бар. Канаттан улуу эки уулум Тариэль жана Талас да спорт чебери, - дейт атасы Кубат Бегалиев.

Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев таймашуулар курч мүнөздө өткөнүн, эми сентябрда дүйнө чемпионатына барууга камылга көрөөрүн айтып, алдыдагы максаты Лондон олимпиадасында чемпион болуу экенин билдирди.

-Бээжин олимпиадасында байгелүү орунга ээ болгондо өлкө жетекчиси 100 миң доллар сыйлык берип, улуттук баатырдай урмат- сый көрсөтүштү. Мен өзүмдүн алдыма койгон максаттарыма жеттим. Мени өзүнө чакырган өлкөлөр арбын болууда. Бирок мен кыргыз намысын гана бийик көтөргүм келет. Мага Кыргызстанда эле шарт түзүп, камкордукка алып жатышат. Олимпиадада атаандашым французга калыстар тартып койгонун жалпы эл. Спорт күрөрмандары көрдү. Ошондуктан Лондон олимпиадасында алтын медаль үчүн күрөшүм керек деген максатым бар. Калыстардын айынан колдон чыккан намысты кайрып алаар күн алыс эмес.

2008: Кыргыз спортунда азыраак ийгиликтер бар

Бээжин олимпиадасында кыргыз спортчулары эки медаль утушту.

2008-жылы кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерге катышып ийгилик жаратышты. “Бээжин-2008” олимпиадасында олжо болду. Бирок өксүгөн жагдайлар да бар.

Футбол – чоң ийгиликтер болгон жок

“Дорбой-Динамо” клубу жыл башында “Шериктештик” кубогуна катышканы менен жеңишке жете алган жок.

Жаз жана күз айларында Бишкек шаарында эл аралык эки турнир өттү. Азия футбол конфедерациясынын чакыруу кубогуна Кыргызстандын курамасы менен катар Ооганстан жана Бангладештин спортчулары күч сынашты. Натыйжада Бангладеш спортчуларын жеңген кыргыз футболчулары ооган командасына 2:1 эсебинде жеңилип, турнирдин финалдык бөлүгүнө чыга алган жок.

Күзүндө Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогу үчүн мелдештин финалдык бөлүгү “Спартак” стадионунда болду. Ага Тажикстандын чемпиону “Регар-ТадАЗ”, Түркменстандын “Ашхабад”, Непалдын “Непал-Полиси” жана Кыргызстандын “Дордой-Динамосу” катышты.

Финалдык оюнга Тажикстан менен Кыргызстандын чемпиондору чыгып оюн тең аяктагандыктан, пенальти тебүүдө 4:3 упайы менен “Регар-ТадАЗ” АФК президентинин кубогунун жеңүүчүсү аталды. Эскерте кетсек, буга чейин бул турнирди “Дордой-Динамо” эки ирээт утуп алган. Ал эми 2008-жылдын чемпиондугун бешинчи ирээт “Дордой-Динамо” командасы жеңип алды. Аталган команданын капитаны Руслан Сыдыков “Шериктештик” кубогуна азыртадан даярдык көрүлүп жатканын айтып, жыл жыйынтыгын төмөнкүчө чыгарды:

- Жалпысынан айтканда, бул жыл орточо жылдардан болду. Азыркы маалда “Шериктештик” кубогуна даярдык көрүүдөбүз. Анда жок дегенде бир команданы жеңип келсек деген максат коюп жатабыз. Жаңы жыл жакшы ийгиликтер менен коштолот деген үмүттөмүн.

Бээжиндеги олжо

2008-жылдагы тарыхый мааниси бар окуялардан, деп “Бээжин-2008” олимпиадасы аталды. Ага эки жүздөн ашык мамлекеттен спортчулар катышып, спорттун отузга жакын түрүнөн күч сынашуу болду.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында кыргыз спортчулары биринчи ирээт эки медаль жеңип, Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев күмүш жана коло медалдын ээси аталышты.

Бээжин олимпиадасында күмүш медаль жеңип алган Канат Бегалиев.
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Канатбек Бегалиев атаандаштарынын баарын жеңип финалга чыгып француз балбаны Стив Геного упайлардын эсеби менен жеңилип калды. Бул күмүш медаль азырынча кыргыз спортунун жетишкендиктеринин туу чокусу:

- Олимпиаданын күмүш байгесинин ээси болгонумдун себеби, көбүрөөк эмгектенсем керек. Медалды тапшыруу аземинде, Кыргызстандын желеги желбирди. Мен болсо “ак эмгегимди актадым” дедим. Бул ийгилигим менен мен жаш спортчуларга жол көрсөттүм деп эсептейм.

Бээжин олимпиадасында коло медаль жеңип алган Руслан Түмөнбаев.
Ушул эле Бээжин оюндарында өлкө намысын коргон Руслан Түмөнбаев жарым финалдык беттешүүдө орусиялык Ислам-Бекке утулуп, бирок коло медаль үчүн таймашта кубалык Роберто Монзону жеңип спорт күйөрмандарына чоң белек тартуулады.

Эркин күрөш балбаны Базар Базаргуриев бул спорт оюндарында бешинчи орунга жетсе, Арсен Гитинов алдыңкы сегиз спортчунун катарына кирди. Бул жетишкендиктер менен Кыргызстан курамасы олимпиадага катышкан 200 өлкөнүн ичинен 67-орунга татыктуу болду.

Спорттун башка түрлөрүнө кайрыла турган болсок, таэквандо ITF боюнча өлкөнүн өспүрүмдөр курамасы Италиянын Виа Дель Гарда шаарында өткөн дүйнө кубогуна катышып, 9 алтын, 4 күмүш, 5 коло медаль жеңүү менен бул турнирге катышкан 50 кураманын ичинен бешинчи орунга татыктуу болушту.

Азиядагы велоспортчулардын топ башында жүргөн Евгений Ваккер бул жылы кайрадан Азия чемпиону аталды. Андан тышкары франциянын “Гран-при” мелдешине катышып отуздай спортчунун ичинен жетинчи орунга татыктуу болду. Ошондой эле Ваккер Италияда өткөн “Memuarial Davide Farbelli” турниринде төртүнчү орунга жете алды.

Мушкерлер алдан тайдыбы?

Бул жылы кыргыз курама боксчулары чоң ийгиликтерге жетише алышкан жок. Себеби Бээжин олимпиадасына жолдомо берчү дүйнө чемпионатында жана лицензиялык турнирлерде Асылбек Таласбаевден башка бир дагы спортчу Бээжин оюндарына катышуу укугуна ээ болбоду. Кыргыз мушкерлеринин чеберчилигин артыруу максатында кураманын башкы машыктыруучусу болуп Советтер Союзунун спорт чебери Адылхан Бекболотов дайындалды.

Ал эми кик-бокс жаатына кайрыла турган болсок быйыл Ален Афое Европанын чемпиону наамына жетти. “Кара кыргыз” аты менен таанымал болгон бул спортчу бир нече атаандаштарын жеңүү менен финалдык беттешүүдө белорустук Замин Гусейновду утуп WBKF версиясы боюнча чемпион болду.

Мыктылардын катарына жаш спортчуларды дагы кошсо жарашчудай. Якутияда өткөн “Азия балдары” эл аралык спорт оюндарына спорттун алты түрү боюнча боюнча катышкан кыргыз спортчулары командалык сегизинчи орунга татыктуу болушту. Белгилеп өтсөк, бул мелдешке 17 өлкөнүн курамалары жана Орусиянын 27 аймагынан келген командалар катышышкан.

2008-жылдын жыйынтыгы тууралу Улуттук Олимпиада Комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов:

- Билим берүү мнистрлиги менен кесиптик билим берүү агенттиги дене тарбия багытында иш жүргүзгөнү байкалган жок. Пландоо менен иш жүргүзүп, анализдеген эч ким жок. Кыргыз спорту ишкерлердин жана энтузиасттардын аркасы менен жашап келатат.

Бильярд спорту боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаевди ноябрь айында Санкт-Петербург шаарында өткөн дүйнө биринчилигинин уюштуруучулары арыз жолдогон эмес, деген жүйөө менен аны мелдешке катыштырган жок. Ал эми Кыргызстан бильярд федерациясынын өкүлдөрү алардын койгон дооматтарын негизсиз, деп четке кагышууда. Мүмкүн бул чемпионатка Каныбек катышканда дагы бир жолу дүйнөнүн мыкты спортчусу аталмактыр.

2008-жылы кыргыз спортун өнүктүрүүгө өлкө казынадан 160 млн. сом жумшалган. Бул сумма чет өлкөлөрдө он чакты спортчунун бир жылдык машыгуусуна коройт. Кыргызстанда болсо бул каражат миңдеген спортчуларга жетиши абзел. Эгер кыргыз спортчулары Лондон олимпиадасында ийгилик жаратсын, десек келээрки жылдан тарта дене тарбияга жетиштүү каражат бөлүнүп, спортчуларга шарт түзүү зарыл шекилдүү.

Жыл жыйынтыгы: ой-пикирлер, көз караштар

Өтүп бараткан жыл эмнеси менен эсте калды, негизги окуялары деп эмнени айта аласыз? Жеке турмушуңузда өтүп бараткан жылда кандай өзгөрүүлөр болду? Азаттыктын “Бетме-бет” талкуусунун меймандары жыл жыйынтыгын чыгарышат.

2008-жыл эмнеси менен эсте калды суроосуна биз микрофон сунган саясатчылардын жообу аркыл болду.

“Бирдиктүү Кыргызстан” саясий кыймылынын төрагасы Амангелди Муралиев:

- Менимче, быйылкы жылдын негизги окуясы энергетикалык кризис болду деп ойлойм. Бул бийлик да кризиси. Анын артында бийлик кризиси да оркоюп көрүнүп калды. Азыркы бийлик коомдун социалдык маселелерин ойлобой калды.

Коомдук палатанын төрагасы Абдыганы Эркебаев:

- Саясий-экономикалык жагдайларды айтпай эле коеюн, биз үчүн чоң руханий чоң жоготуу Чыңгыз Айтматовдун каза болушу болду. Мына Чыңгыз Айтматов, Дооронбек Садырбаев, Мирсаид Миррахимов, Асанкан Жумакматов, Тууганбай Абдиев – не деген залкар адамдар эле. Экономиканы чечсе болот, саясий маселелерди жөндөсө болот, бирок улуу таланттардын ордун толтуруш кыйын. Кийинки эки жылда мен көбүнесе коомдук-саясий иштер менен алектенип, чыгармачылык ишке анча чолом тийген жок. Бирок ошентсе да кыргыздын улуу акыны Нурмолдонун чыгармачылыгы тууралуу кенен макала жаздым. Ч.Айтматовдун дүйнөдөн кетиши менин кабыргамды аябай кайыштырды, ал жөнүндө бир ишти бүттүм. Ошону менен жылды жыйынтыктагым келет.

“Ак шумкар” партиясынын жетекчиси Темир Сариев:

- Быйылкы жылдын негизги окуясы деп президент К.Бакиевдитн элдин тезек чогултуу тууралуу ураанын айтсак болот. Мунун артында чоң маселелер жатат. Биринчиден, бул 2005-жылы бийликке келген башкаруучулардын алсыздыгын көрсөтөт. Энергетикалык кризис кирип келди. Идеологиялык негизибиз жок, ишене турган адам жок, ишене турган бийлик жок. Бийлик элди бага албай, жарык бере албай, жарык менен камсыз кыла албай калды. Ошон үчүн ушундай ураан таштап отурбайбы:”Өзүңөргө ишенип талаадан тезек тергиле!” Башка сөз жок.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын башкатчысы, Коопсуздук кеңеш катчылык кызматынан жакында эле баш тарткан генерал Исмаил Исаков:

- Өтүп бараткан жылдын окуялары абдан көп. Бир үй-бүлөнүн башкаруусу болбосун, кландык жететкчилик болбосун деген атуулдар чогулуп бир кыймыл алдында бириккени чоң жетишкендигибиз болду. Экинчиси, биздин чоң байлыгыбыз сууну ыксыз кое бергенибиз чоң кемчилибиз болду. Ушул эки нерсенин айланасында чогулуп жатканыбыз жакшы.

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев:

- Моралдык таасири боюнча бул жылы кыргыздын адабий-маданий гиганттарынын бул дүйнөдөн өтүшү өтө чоң жоготуу болду. Саясий-экономикалык күрөш менен жүрүп, заман, доор алмашып жатканын байкабай калыппыз. Өлбөс болчудай гиганттардын кетиши баарыбызга аябай чоң таасир калтырды. Мага баарынан да Дооронбек аганын бу жалганды таштап кетиши кабыргамды кайыштырды. Бала ырчы улуу ырчынын этегин кармап чоңойгондой а кишинин көп таалимин алдым эле. Ушундай улуттук таянычтарыбыз бул дүйнөнү таштап кетишти. Ушул биз үчүн оор болду.

“Акыйкат үчүн” коомдук кыймылынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов:

- Жылдын эң негизги окуясы меморандумга кол коюлушу болду. Мына ноябрда чогулуп бир пикирге келдик эле, андан кийинки экинчи окуя бириккен элдик кыймылдын бир пикирге келиши болду го деп ойлойм. Кыргыз мамлекетин оңдой турган күч пайда болду, элде да үмүт пайда болду.

Өтүп бараткан жыл эмнеси менен элдин эсинде калганын бир сөз менен айтыш кыйын. Энергетикалык кризис көкөйүнө көк таштай тийгендер үчүн мамлекет башчысынын кышка тезекти арбын камдоо кеңеши жадынан чыкпай калса, көркөм сөз кадырын баалагандарга Чыңгыз Айтматовдун о дүйнө салышы кабырга кайыштырган катуу жоготуу болду.

Артынан каркырадай тизилип, Асанкан Жумакматов, Мирсаид Миррахимов, Тууганбай Абдиев сындуу таланттар да бу жалганды ташгтап кете беришти. Чыкеми күтпөй дулдул Дооронбек агабыз бу жарык дүйнө менен коштошуп кеткени баарыбыздын кабыргабызды кайыштырды го, ов! Пенде баласы дайыма жарыкты эңсеп, жакшылыкка үмүт артып жашайт эмеспи. Келаткан Уй жылы көөмүш, берекесин балпайта чачкан сүттүү жыл болсун!



Энергетиктердин 3 миллиард сом карызын кечүүгө коммунисттер каршы

Жогорку Кеңеш энергетика тармагындагы ишканалардын мамлекетке үч миллиард сомдон ашык карызын кечүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул чечимге коммунисттер жана социал-демократтар фракциялары каршы чыкты. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештеги коммунисттер фракциясынын мүчөсү, депутат Анаш Сейитказиев “Азаттык” менен ой-пикир бөлүштү.

- Кечээ парламенттин 66 депутаты энергетика тармагындагы ишканалардын мамлекетке 3 млрд. 269 млн. сомун кечүүгө макулдук берди. Ага коммунисттер жана социал-демократтар каршы болушту. Мунун артында энергетика тармагын соодалоо үчүн даярдык турабы деп ойлосо болобу?

- Толук ошондой деп ойлосок болот. 3 млрд. кичинекей акча эмес да. Бул кечээ биздин коллегаларыбыз айткандай күзүндө мугалимдердин компенсациясына толук жете турган акча болчу бул. Анан кийин эле бүгүн таза бошотуп карыздан энерго системаны, анан 24-27-январда жылуулук коммуналдык энерго, Бишкек жылуулук борборун, “Түндүк электрону” сатууга даярдап атпайбы.

Буга толук жол ачып берип, тазалап бергенге кадамдар го деп ойлойбуз биз. Ошондуктан кечээ эки фракция толугу менен каршы болду. Ал эмес мен да кечээ баа бердим, “Ак жол” партиясынан жигиттер буга каршы сүйлөп, добуш бергенине ыраазы болдум.

-Энергетика тармагы кризиске кабылып, азыр мамлекеттин коопсуздугуна да кооптонуу пайда болду деген пикирлер айтылып атат?

- Биз жылдын башында эле айтканбыз, Кыргызстанда саясий кризис эмес, экономикалык кризис, азык-түлүк кризиси келип калды деп какшап, апрель айында улуттук энергетикалык программаны кабыл алганда биз ошондо эле каршы болгонбуз. Кийинки кадамда бир позицияны кармап ошону аягына чыгарганыбыз оң деп ойлойм.

- Энергетикадагы кризистен улам жарандардын да электр энергиясын пайдалануу боюнча карыздарын жоюуну энергетика жана отун ресурстар министрлиги сунуштап жатат. Бирок 1-январдан күчүнө кире турган жаңы салык кодекс ага жол бербейт экен. Бул маселе кандай чечилет деп ойлойсуз?

- Жаңы салык кодексине азыр мекеме салык, бардык жагынан мамлекетке карыз болсо булар банкроттукка чыгарганга толук мүмкүнчүлүгү бар. Кечээ биздин коллегабыз Николай Байло айтты эле, керек болсо бүгүнкү мыйзамга замораживание кылып, ушул маселе боюнча эртеңки күнү салык органдары буларды банкрот кылып жарыялабай эле, калтырып койсо деген оюбузду айттык эле.

Ошону кечээ башка коллегаларыбыз бизди түшүнбөй, колдоо көрбөй калдык. Мунун жолу бар болчу. Бул мамлекеттин карамаганда болгондон кийин улуттук энергетикалык компаниялар азыр 80ден ашык пайыз мамлекеттин деңгээлинде, мамлекетке караштуу. Ошон үчүн мамлекет толугу менен эле кечээ биздин коллегабыздын үнүн угуп, токтотуп койсо деле болот эле. Бул мамлекеттин ичинде өз ара саясий эмес финанасылык иштерди эки-үч ведомосттун ортосунда толугу менен токтотконго мүмкүнчүлүгү бар эле. Эми көрөбүз го 27-январда ушул компаниялардын арасында сатуу болот, толугу менен менчикке өтөт.

- Демек энергетика тармагы менчикке өтүү чечилип калган турбайбы?

- Чечилген, 24-27-январда сатуу комиссиясы иштейт, сатып ала турган компаниялардын документтерин карайбыз. Жогорку Кеңештен үч депутат, анын ичинде мен да ошол комиссиянын катарына кирдик. Ошондо өзүбүздүн ой-пикирлерибизди айтабыз.

- Маегиңизге рахмат.

"Жаңы Кыргызстан" тазаланып жатат

Оппозициянын "Бириккен элдик кыймылына" киргенден кийин Исмаил Исаковдун “Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчылыгынан бошотулгандыгы жөнүндө маалымат тарады. "Жаңы Кыргызстан" партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков "Азаттыктагы" маегинде бул окуяны ага каршы атайын бийлик тарабынан жасалган аракет катары сынга алды.

"Азаттык": - Исмаил мырза, Үсөн Сыдыков сизди “Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчылыгынан бошотту деген маалымат чыкты. Мунун чоо-жайына токтоло кетсеңиз?

Исмаил Исаков: - Кечээ, 25-декабрда Үсөн Сыдыков эртең менен саат ондордо өзүнүн мурдагы жардамчысы болуп иштеген жигитке телефон аркылуу байланышып, даярдалган тексти жаздырып, АКИпресс агенттигине факс менен бердириптир. Андан башка кечкурун Кыргызстандагы телеканалдардан дагы “эң мыкты маалымат” катары бийлик тарабынан бердиришти. Бул атайын бийлик тарабынан жасалган менин аброюма доо кетире турган аракеттери белгилүү жана ачык болду.

Албетте мен сыйлаган жана урматтаган адамдын ушундай кадамы мага түшүнүксүз. Партиянын мүчөлөрү ал кишинин менчиги эмес. Партияга идея үчүн, бир максатка жетүү үчүн киришет. Андай маселе саясий кеңеште же курултайда чечилет. Кечээ саясий кеңеш дагы, курултай дагы болгон жок. Курултай 15-майга белгиленген. Ага чейин мен кудай кааласа жер-жерлерге барып, партиялаштарым менен талкуулап, ушул маселенин аягына чыгамын.

"Азаттык": - Демек сиз “Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчысы бойдон калган экенсиз да?

Исмаил Исаков: - Албетте. Бириккен элдик кыймыл жөнүндө айтып кетсем, 11-декабрда Үсөн Сыдыков экөөбүз макулдашканбыз. Биринчиден, өзү сунуш кылган бул кыймылга кириңиз деп. Экинчиден, 25-28-ноябрда түштүктө партиялаштарыбыз менен жолугушканда башка партиялаштардын, кыймылдардын иш-аракеттери колдоого алынсын деп тапшырма берген. Үчүнчүдөн, стратегиялык обьектилерди, ”Түндүк электро” жана башкаларды менчикке бербөө, мамлекеттик саясий системаны өзгөртүү, министрликтердин санын 12ге чейин кыскартуу сунуштарды биздин партия элге тараткан.

Жаңы түзүлгөн Бириккен элдик кыймылдын негизги биздин сунуштар толугу менен кирди. Мен ойлойм партиялардын тапшырмасын толугу менен аткарып жатамын. Биздин партиянын көпчүлүк мүчөлөрү мени колдошот деген чоң ишеним бар. Ал эми партиянын бүгүнкү иш-аракеттерин колдоого албагандарга капачылык жок, аларга жол ачык.

"Азаттык": - Исмаил мырза, кечээ “Жаңы Кыргызстан” партиясынын Баткен облусундагы бөлүмүнүн кезексиз жыйын өткөрүп, анда облустук бөлүмдүн ишин токтотуу, “Ак жол” партиясына кошулуу маселеси көтөрүлүптүр, мындан улам “Жаңы Кыргызстан” партиясынын ич-ара ыркы кеткен жокбу?

Исмаил Исаков: - Албетте, кечээ мамлекеттик теле каналдардан мыкты маалымат катары муну кайра-кайра көрсөтүп жаткандыгына караганда бул бийликтин иши экендиги белгилүү болуп калды. Бирок чыныгы партиялаштар менен кечээ эле сүйлөштүм - алар калат. Булар башканы шайласа, биз башканы шайлап жатабыз. Бул жерден эч кандай жамандыкты көрүүгө болбойт. Тескерисинче, тазалануу болуп жатат. Мен дагы кубанып жатам.

"Азаттык": - Маегиңизге рахмат.

Айтматов атындагы институттун ачылыш аземи

Бүгүн 26-декабрда Улуттук илимдер академиясында Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун ачылыш аземи болот. Салтанатта Айтматов тууралу даректүү тасмалар көрсөтүлөт.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн өткөндөн кийин алгачкы күндөрдөн эле улуттук илимдер академиясынын Манас таануу жана маданиятты жайылтуу институтунун жамааты академия жетекчилигине аталган борборго Айтматовдун ысмын ыйгаруу сунушу менен кайрылган. 21-сентябрда улуттук илимдер акдемиясынын президиуму бул сунушту колдоп, Манас таануу жана маданиятты жайылтуу институту кеңейтилип, тил жана адабият институту болуп аталышына жана ага Айтматовдун ысмын ыйгарууга чечим чыгарылган. Мына ушул бүгүн ачылуу аземи өткөнү жаткан Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев башка өлкөлөрдөгү адабият институттарын атады:

- Казактардын тил жана адабият институту Мухтар Ауэзовдун, өзбектердики Алишер Навоинин, украин тил институту Тарас Шевченконун, орустардыкы Александр Пушкиндин ысымдарын алып жүрүшпөйбү. Жогорудагы инсандар өз улутунун сыймыктары эмеспи. Андыктан биздин тил жана адабият институтубузга Айтматовдун атынын берилиши эң туура болду деп ойлойм.

Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун ачылыш салтанатында “2008-жылдын 22-январындагы Айтматов менен жолугушуу кечеси” аттуу даректүү кинотасманын да беачары өтөт . Ошондой эле көркөм интеллигенциянын катышуусунда институттун алдындагы “Айтматов бөлмөсүнүн” да ачылышы болот. Айтматов бөлмөсүндө Абдылдажан Акматалиевдин айтуусунда Чыңгыз Айтматовдун чет тилинде жарык көргөн 2000 китеби чогулду:

- Айтматов өткөн жылы 22-январда улуттук илимдер академиясына келип, көркөм интеллигенция менен жолуккан эле. Анда Айтматов элдин көптөгөн суроолоруна жооп берген. Мына ошол жолугушууну биз тасмалаштырганбыз. Бул тасма элге алгачкы ирет көрсөтүлүп жатат.Ал эми Айтматовдун чет тилиндеги китептерин чогултууну биз жаңы эле баштадык. 2000 китеп албетте аз. Биз бул ишти мындан ары жакшылап колго алабыз.

Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун ачылышында эл акындары Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев жана башка акын-жазуучулар Айтматовго арналган ырларынан окушат жана белгилүү маданият ишмерлери улуу жазуучуну эскерип сүйлөшөт.




Парламент: Жаштардын дүбүртү угулбайт

Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырыгы партиялык тизме менен шайланды жана мыйзам чыгаруу бутагына жаштардын келишине мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошентип парламентке келген жаштар бир жыл ичинде жаңы идеяларды сунуш кылып, жаңы өзгөрүүлөрдү жарата алдыбы?

“Жогорку Кеңештеги жаш депутаттар эл үмүтүн актады”

Мындан бир жыл мурун 16-декабрда Жогорку Кеңешти шайлоо өлкөнүн тарыхында биринчи жолу депутаттарды бүтүндөй партиялык тизме менен тандоо өткөн эле. Боробордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештен бийликтин “Ак Жол” партиясы 71, “СДП” 11, Кыргызстан коммунисттери 8 орун алганын билдирген. Ал эми парламентке келген 90 депутаттын жыйырмадан ашуун пайызын жаштар түзгөн.

Алишер Мамасалиев 35 жашта. Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетинин адам укуктары боюнча маселелерди алып баруучу мүчөсү. Жакында эле ал мамлекеттик символикаларга сый менен мамиле кылуу, ал аркылуу өлкө жарандарынын патриоттуулук сезимин өрчүтүү максатын көздөө мыйзам долбоорун иштеп чыгып, талкууга алып чыкты. “Азаттыкка” курган маегинде Мамасалиев, депуттаттык кызмат кыйла оор экенин бирок ага карабастан адам укуктары жаатында талыкпай иштеп жаткандыгын билдирди.

-Жогорку Кеңеште мен адам укуктары маселесин көзөмөлдөйм. Ошондуктан Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштаган долбоорлорум адам укуктарына байланышкан. Менин позициям да өзгөргөн жок. Негизинен мен бейөкмөт уюмдар менен тыгыз кызматташып турам жана адам укуктары жаатында ишмердигимди улантам.

Дагы бир активдүү жаш депутаттардын бири Динара Молдошева 29 жашта. Этика жана регламент боюнча комитеттин төрагасынын орун басары. Анын айтымында бир жыл аралыгында парламенттеги жаш депутаттар элдин үмүтүн актай алды. “Азаттыкка” курган маегинде парламент мүчөсү Динара Молдошева, депутат болгондон бери он чакты мыйзам долбоорун өз демилгеси менен иштеп чыкканын жана алардын жарымы кабыл алынгандыгын кошумчалады.

-Биз жаңыдан депутат болуп шайланганда коомчулукта бу жаш неменин колунан эмне келет деген сын-ойлор көп айтылчу. Азыр элдин пикири өзгөргөнүн байкадым. Мисалы жер-жерлерде жолугушууларды өткөргөндө жергиликтүү тургундар жаш депутаттар бизге чоң үмүт артып, каалоо тилектерин айтышат.

Кыргыз парламентинин тарыхында эң эле жаш депутат болуп Максат Кунакунов шайланган. Ал 27 жашта. Анын айтымында парламентке жаштардын келиши менен олуттуу көйгөйлөргө жана маселелерге таасын баа берүү шартталды.

- Азыркы жаштар демократиялык принциптер менен тарбия алып калгандыгыбыз үчүн биз ачык айкын айтууга көнүп калганбыз. Мына азыр жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоорлору боюнча жаштар өз пикирин тайманбай айтышат,-деди Максат Кунакунов.

“Кыйын жаштар бар, бирок парламентте эмес”

Деген менен жогоруда айтылган жаш депутаттардын пикирине, ал турсун аткарган иштерине канаатанбай тургандыгын билдиргендер да жок эмес. Маселен, оппозициячыл “Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын жетекчиси Жоомарт Сапарбаев, бул парламенттин Жогорку Кеңеш деген гана аты болбосо, табияты тап-такыр башка нукта, башкача айтканда “макулдук бере турган орган” гана болуп калган деген пикирин билдирди:

-Кыргызстанда Жогорку Кеңеш куурчак түрүндө бар. Ушундай парламентте жаштар гана эмес, ар бир депутат өзүн депутат катары, адис катары көргөзө албайт. Кыргызстандын кызыкчылыктарына туура келбеген олуттуу маселелер өтүп кетип жаткандан кийин, анан ошол мыйзамдарга үн катпай добуш берип жаткан жаш депутаттар, жалындуу жаштар катары өзүлөрүн эч көрсөтө алышкан жок.

Жогорку Кеңештеги Социал-Демократтар фракциясынан депутат Бакыт Бешимов да парламентте жаштар бар-жогу дайынсыз деген ойдо. Ал кесиптештеринин арасында жаштык жалын байкалбагандыгын айтып, парламент да жасалма болгондуктан, жаштар өз кудуретин толук пайдаланууга мүмкүндүк жок экенин айтты.

-Ар бир мамлекеттик органга жаш күчтөр келгенде бир өзгөрүү болуп, жаңы идеялар пайда болуш керек эле. Менимче коомчулукта көп кыйын-кыйын жаштарды жолуктурсак болот. Бирок алар парламенттин ичинде эмес.

2007-жылдын 21-октябрында Кыргызстандын бардык аймактарында референдум өтүп, анда Шайлоо Кодексинин жаңы долбоорлорунун тагдыры элдик тандоого коюлган. Ага партиялык тизменин жыйырма пайызы жаштар болсун деген квота киргизилген болчу.

Референдум аркылуу жаңы Шайлоо Кодексинин кабыл алынышы, ошол эле жылы мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоо жаштардын Жогорку Кеңешке келишин шарттаган. Бирок жаш депутаттарга көп үмүт артылганы менен, алардын ишмердигине азырынча коомчулукта бирдей баа жок.

Ч.Айтматов жылы жыйынтыкталууда

Көркөм сөздүн алпы Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган 550 ашуун маданий иш-чаралар өткөрүлгөнү маалымдалууда. Улуу жазуучунун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө президент жарлыгы чыккан.

Жыл бою жасалган иштерди жыйынтыктоочу жыйында жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгына арналган иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу, Ч.Айтматов энциклопедиясын чыгаруу, замандаштарынын эскерүүлөрүн чогултуу сындуу сунуштар айтылды.

Жаамы дүйнөлүк деңгээлде коомдук сый-урмат көрсөтүлүп жаткан кезде Чыңгыз Айтматовдун о дүйнө салып кетиши анын чыгармачылыгын баалагандардын кабыргасын кайыштырган оор жоготуу болду. Кылым турса урагыстай сезилген алп жазуучунун опол тоо эмгегине жараша баасын берүү, эстелигин калтыруу милдети ушу тапта көптөрдү ойлонтуп турган чагы. Ошол себептүү Ч.Айтматов өзү башында катышып калган коомдук сый-урмат эми авторунун көзү жокто кандай болушу керек суроосу дагыле чоң талаштан түшө элек. Анын үстүнө кыргыз атын дүйнөгө тааныткан алп жазуучунун ысмын түбөлүккө калтыруу кайсы бир жарлык же сүрмөтоп жыйындардын деңгээлинде чечилчү маселе эмес. Ч.Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу абыгерчилиги абыдан кыйын экенин бул ишке тиешеси барлардын биртобу азырынча жакшылап аңдай элек шекилдүү.

Ч.Айтматовдун талантын баалагандардын көпчүлүгү президент жарлыгын чыгарыштан мурда улут турмушундагы мындай урунт окуяны калк таразасына салып, көпчүлүктүн пикирин угуп коюуну туура көрүшкөн. Бирок да буга чейин боло жүргөндөй Ч.Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндөгү президент жарлыгы чыгып, ага улай Ч.Айтматов жылы жыйынтыкталды. Негизи мына ушул 500 ашуун иш-чаралардын текши баары жазуучунун ысмын түбөлүккө калтыруу аракети, анын көркөм дүйнөсүн аңдоонун алгачкы камылгасы гана. Анын үстүнө, улуу жазуучуга көрсөтүлгөн коомдук сый-урматтын өзү салыштырмалуу түшүнүк.

- Себеби мындай койсок да болот, шаар койсок да болот, көчө койсок да болот. Ар кандай ат жарашмак. Бирок ошол эле учурда Эмен багына, мурдагы Н.Крупская атындагы орус драма театрына койгону мага көбүрөөк жакты. Себеби бул Ч.Айтматов менен байланыштуу. Ч.Айматов чынында орус тилинде жазган кыргыз жазуучусу. Ошол орус адабияты, орус театры, орус искусствосу менен абдан байланышкан,- дейт адабиятчы Абибилла Пазылов. Жазуучунун көп катмарлуу соңку романын кыргызча таржымалап чыккан автор Ч.Айтматовдун эстелиги Эмен багында коюлса жакшы болор эле деген ойдо.

Бишкек шаарында Ч.Айтматовдун чоң эстелигин коюу демилгесин академик Абдыганы Эркебаев да колдой турганын билдирип, анткен менен улуу жазуучунун эмгегине жараша баа берилбей калганын айтты.

- Туура эмес болду. Ч.Айтматовго эң кур дегенде борборубуздагы чоң аянттардын бирин берсе болбойт беле. Болуптур, өкмөттүк аянтты коелу, Эски аянтты берсе болмок. Шаардагы өзү жашаган, өмүр бою иштеген Биринчи Май районун берип койсо болбойт беле. Көчөнү берип койсо болот эле. Чүй проспектисин же Эркиндик гүлбагын берип койсо болбойт беле. Анан Ч.Айтматов биздин туу чокубуз болчу. Ошон үчүн анын атын Кыргызстандагы эң бийик чоку Ленин атын алып жүргөн чокуну коюп койсо жарашат эле.

Ч.Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу өз чеги менен, элдик инсандын эмгегине жараша жасалганда гана коомдук маани-мазмунга ээ болорун “Атамекен” социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев да ырастайт.

- Чоң-кичине дебей өтүп кеткен адамдарга көчөлөрдү кесип-кесип аттарын ыйгаруу мамлекеттик же коомдук ишканалардын аттарын ыйгаруу, менин оюмча, тартипке салына турган нерсе. Албетте, муну жок, туура эмес, деп айталбайсың. Туура, мындан да чоң сый-урмат көргөзүшүбүз керек. Бирок ушул салт мага негедир жага бербейт.

Ч.Айтматов жылы ириде көркөм сөздүн коомдук кадыр-баркын даңаза кылган үлкөн маданий окуя болду. Ал аягына чыкканча көркөм сөз алпынын жарык дүйнө менен коштошуп кете бериши өктөлүү өмүрдүн өлчөөсүз арманы катары кала берет деңизчи. Бирок да Ч.Айтматовдун артында калтырган көркөм дүйнөсү кайрадан ачылып, башта байкалбаган, мурда билинбеген сырын ачып, адам рухунун тереңдиги менен бийиктигин даңазалап кала бермекчи. Мындай тагдыр чанда бир таланттардын гана энчисине тиет эмеспи.

Бийлик БЭКти тоотпой коёбу же сүйлөшүүгө барабы?

“Бириккен элдик кыймыл” тууралуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтыла баштады. Айрымдары бул кыймыл бийликти кыйла жүдөтөрүн айтышса, башкалары алар сөздөн ишке өткөндө алыска чуркай албайт дешет.

Оппозициядагы ири жети партия менен төрт кыймыл баш кошуп “Бириккен элдик кыймыл” түзүшүп, негизги максаттары азыркы бийликти мөөнөтүнөн мурда кетирип, жалпы элдик кызыкчылыкты көздөгөн башкаруу системасын куруу экендигин жарыялашты. Булардын иш-аракеттерине сереп салып турган байкоочулардын айтымында, соңку кездери майдаланып, бир канчага бөлүнүп кеткен оппозициялык күчтөрдүн акыры биригүүгө жетише алуусу зор жумуш болуп калды.

Ошентсе да саясат талдоочулардын баамында, оппозициялык күчтөр биригүүгө жетишкени менен чоң иш-чараларды уюштурууга же акыры лидерди тандоого келгенде көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушат. Анткени оппозициядагылардын биринин эл арасында кадыр-баркы бийик болгону менен акча-тыйыны аз, ал эми кайсы биринде байлык болгону менен кадыр-баркы төмөнүрөөк, ошол себептүү бардыгы өзүн лидер ойлошот дешет.

Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробековдун ырасташынча, бийлик жаңы түзүлгөн “Бириккен элдик кыймылды” теңсинбей, аларга көңүл бурбай койсо саясий ката кетирген болот. Андыктан электр энергиясы өчүп, каржы кризиси желкелеп турган маалда алар менен сүйлөшүүлөргө барып, кандайдыр-бир чегинүүлөргө баргандын да туура жагы бар. Кандай болгон күндө да оппозициянын бир адамдын айланасына топтолушу кыйынга турарын айткан саясатчы, сөздөн ишке өткөндө алар бат эле чарчап калуусу мүмкүн деп эсептейт:

Булардын арасында уруш, жаңжал, пикир келишпестиктер жаралат. Булар бир адамдын тегерегине баш кошот дегенге ишене албайм. Жолборс Жоробеков.



- Бүгүнкү күндө биз билген оппозициянын белгилүү өкүлдөрүнүн бардыгынын амбициясы президент болуу. Экинчи катарда болуп, начарыраак болуп калдым дегендеринин эле эң эле төмөнкү максаты премьер-министр болуу. Антпесе булардын бүт ою, максаты, көргөн түшү президент болуу. Бирок айтып коюш керек, бардык нерсе айланып келип финансылык мүмкүнчүлүккө келип такалат. Ошондой мезгил келгенде, булардын арасында уруш, жаңжал, пикир келишпестиктер жаралат. Ошондуктан булар бир адамдын тегерегине баш кошот дегенге ишене албайм.

Талдоочулардын пикиринде, азыркы оппозициядагылардын көбү мурда бийликтин бийик бутактарында иштеп кеткендер. Андыктан, эгемендик алгандан бери эл оозунда келаткан саясатчыларга көпчүлүк анча ишене бербей карашууда. Ошол себептүү Кыргызстандын саясий айдыңы азыркы бийликте жүрүп булганбаган, жаңы саясий күчтөргө муктаж болуп турат дешет.

“Кыргыз Концепт” компаниясынын президенти, “Бишкек ишкерлер клубунун” ардактуу мүчөсү Эмил Үмөталиевдин айтымында, саясатта атаандаштык күчөп, оппозиция да, бийлик да элди өзүнө тартууга аракет кылуусу жалпы коомчулук үчүн жакшы көрүнүш. Анткени ушундай аттандаштыкта гана чындап эл үчүн иштер жасала баштайт:

- Эгерде бийлик күчүнө кирип, үстөмдүк кылып турган болсо, алар өз кызыкчылыктарына алаксып, элди унутуп коюшу мүмкүн. Эгер кандайдыр бир башка күчтөр алардын кылган иштерин сындап, алардын каталарын, кемчиликтерин эл алдына ачыкка чыгарып турса, анда бийлик да өз кемчиликтерин оңдогонго аракет кылат. Сын көз караш болбосо, элдин добушу угулбай калса, анда бийлик өзүнүн гана кызыкчылыгы менен алек болуп, элди алдаганга аракет кылышы анык.

А. Арабаев: «Элге бийлик талаш эмес, тынчтык керек»

Бийликтин “Ак жол” партиясынын активисттери оппозициянын жаңы куралган “Бириккен элдик кыймылын” бийликке майнапсыз ультиматумдарды коюп, өлкөдөгү стабилдүүлүктү буза турган күч катары сынга алып жатышат. Жогорку Кеңештеги «Ак жол» фракциясынын депутаты Автандил Арабаев “Азаттыктагы” маегинде БЭКтин мыйзамдуу бийликти кетиребиз деген аракеттери мыйзамды бузууга жатат деп билдирди.

- Мына кечээ оппозиция биригип Бирдиктүү элдик кыймыл түздү. Ал азыркы бийликти кетирип, Конституцияны алмаштыруу жана убактылуу өкмөт түзүп, Жогорку Кеңешке шайлоо жүргүзүү максатын алдыга коюп жатат. Алардын мындай демилгеси канчалык жөндүү?

- Биринчиден, булар өз максатына жетишпейт. Себеби бийликке ультиматум коюп, мыйзамсыз басым көрсөтүү эч кандай натыйжа бербейт. Бул бирикме өз максатына жетиш үчүн анын иш аракети жок эле дегенде үч талапка жооп бериш керек. Биринчиден, оппозиция бийлик алдына конструктивдүү маселелерди коюп гана тим болбостон, аларды чечүү жолдорун аныктап көрсөтүш керек. Ал эми кетсин, же болбосо кетиребиз деген куру сөздөр натыйжа бербейт.

Экинчиден, оппозиция бийликке болгон талаптарын мыйзам чегинде коюшу керек. Болбосо мыйзамдуу бийликти кетиребиз дегендин өзү мыйзамды бузганга жатат. Алүчүн мыйзам алдында жооп бериш керек болот. Үчүнчүдөн, оппозиция бийлик катары эле бүгүнкү күндө Кыргызстанда саясий стабилдүүлүктү сактоого милдеттүү.

Себеби кыргыз элинин келечеги үчүн күрөшүп жатабыз, элдин таламын талашабыз дегенден кийин элден сурап көрүшпөйбү, элге эмне керек, эл үчүн бүгүн эмне маанилүү, бийлик талашпы, же тынччылыкпы. Мен депутат катары да, “Ак жол” партиясынын жетекчилеринин бири катары да республиканын бүт региондорун кыдырып чыктым. Эл арасында эл менен маектешкенде, пикир алмашканда алар биринчи кезекте бизден саясий стабилдүүлүктү талап кылып жатышат. Эгерде өлкөбүздө саясий стабилдүүлүк болбосо, эч кандай өзгөрүү болбойт.

- Жакында эле оппозиция Кыргызстандын өнүгүү концепциясын бийликке сунуш кылбадыбы. Мына ушул концепцияга сиздин көз карашыңыз кандай?


- Бул концепцияны өзүңүз карап көрсөңүз, мында бүгүнкү күңдө саясий системаны өзгөртүшүбүз керек, бийликти алмаштырышыбыз керек деген орусча айтканда подтекст кетип атат. Бул жерде мен бир нерсени белгилеп кетейин, Курманбек Салиевич 2005-жылы Конституциянын негизинде шайлоочулардын 80 пайызынын ашык добушу менен 5 жылга шайланган.

Ал эми президентти мөөнөтүнөн мурда бошотуунун мыйзамдык негизи ошол Конституциябызда көрсөтүлгөн шартта гана болушу мүмкүн. Экинчиден, саясий системаны өзгөртөбүз, жаңы Конституцияны кабыл алабыз деп атышат. Өзүңүздөр жакшылап карап көрсөңүздөр, 2007-жылдын 21-октябрында кабыл алган Конституциябызды убагында Азимбек Бекназаров баш болгон жумушчу тобу иштеп чыккан.

2006-жылы ноябрь, декабрь айларында кабыл алынган Конституциянын редакциясы дагы толуктоо, өзгөртүүлөрдүн негизинде иштелип чыгып, анан референдумга коюлуп кабыл алынган. Башкача айтканда бул Конституция ошол кездеги оппозициянын дагы, жана окумуштуулардын, юрист, практиктердин сунушу менен кабыл алынган Конституция. Анан эми мунун баардыгын бүгүн алып келип туруп, бул Конституция жарабай калды дегендин өзү өздөрүнүн буга чейинки койгон талаптарынан, берген идеяларынан артка чегингендик болуп турат.

- Ал ММКга кысымдар көрсөтүлүүдө деген пикирлер айтылууда. Буга “Ак жол” партиясы кандай көз карашта?

- Бул жерден мен белгилеп кетет элем, бүгүнкү күндө бийлик тараптан ММКга эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок, көрсөтүлбөйт дагы. Кеп бул жерде айрым ММКларда иштеген жетекчилердин, же болбосо журналисттердин жеке өзүнө тиешелүү гана журналисттик этиканын, ММКлар боюнча мыйзамдардын бузулгандыгы жөнүндө болуп жатат.

- Рахмат маегиңизге.

Азимбек Бекназаров: "Эл биз тарапта, күч биз тарапта"

Азимбек Бекназаров БЭКтин билдирүүсүнө кол коюп жатат.

Оппозициянын “Бирдиктүү элдик кыймылы” президент К. Бакиевге элден кечирим сурап, өз эрки менен бийликтен кетип калуу жөнүндө ультиматум койду. Эгер Бакиев бул талапка баш ийбесе, анда БЭК февраль айында элге чыгып, азыркы бийликти сындыруу аракеттерин баштайт. Бул жөнүндө бүгүн “Азаттыктагы” маегинде “Элдик революциялык кыймылдын” лидери Азимбек Бекназаров билдирди.

-Оппозиция биригип “Бирдиктүү элдик кыймылды” түздүңүздөр. Ушул кыймылдын алдыдагы милдеттери тууралуу айта кетсеңиз?

- Алдыдагы милдеттер жалпы элге маалым, баягы эле Кыргызстандагы үй-бүлөлүк башкаруу системасын сындыруу. Анын ордуна чыныгы элдик демократиялык системаны куруу. Ошого байланыштуу январь ичи даярдануу иштери жүргүзүлөт, февралдан баштап үй-бүлөлүк башкарууну сындыруу боюнча активдүү аракеттер жүргүзүлөт.

- Кечээ кыймыл түзүлгөндөн кийин президенттик администрациянын өкүлү оппозиция ультиматум койгондон башка жолго түшөлбайт экен, аны менен эсептешүүнүн зарылдыгы жок деп билдирди. Буга сиздин пикириңиз кандай?

- Бийлик өзүнө ылайык аракеттерди күтүп жатат, бийлик эч нерсени көргүсү, уккусу келбейт. Биз бириккен оппозиция дагы бийликтин өзүнө жараша аракеттерди жасайбыз.

- Айрым байкоочулар оппозициядагы саясатчылардын бардыгы эле президент болгусу келет деген пикирлерине сиздин көз карашыңыз кандай?

- Кечээ элдик кыймылды түзүп атканда биз ал суроого жооп бербедикпи. Биз бир лидерге токтолгон жокпуз, биз үй-бүлөлүк башкаруу системасын сындыруу идеясынын алдына бириктик. Бул бизде эч кандай бийликке умтулуунун аракеттери, же жышааны жоктугун далилдейт?

- Жогоруда айтып кеткениңиздей, февралда митингдер башталабы?

- Митинг болобу, башкабы, иши кылып бул бийликтин Кыргызстандын элин талаган, уурдаган аракеттерин токтотуу боюнча конкреттүү чаралар көрүлөт.

- Бирдиктүү кыймылдын алдыдагы иштери тууралуу айтып кетсеңиз?

- Биз кечээ күнү Кыргызстандын элине кайрылуу жөнөттүк. Биз мүмкүнчүлүк берип жатабыз Бакиевге, элден кечирим сура дагы, 3 жылдын ичинде ушунчалык кемчиликтерди кетиргеним үчүн өз эрким менен кетип калайын деп. Бийлик муну биздин ультиматум деп эсептеп атабы, эсептесе туура эсептеп атыптыр, бул биздин ультиматум. Экинчиси, эгерде тоготпой ошондон жыйынтык чыгарбаса, мен башында айтпадымбы, күч эл тарапта. Анткени элдин үнү бул чындык. Ошондуктан биз чындыкту туу тутуп туруп абдан катуу иш-чараларга барабыз.

- Өткөндөгүдөй элдерди кыдырып, аймактарга барып чогулуштарды өткөрөсүзбү?

- Сөзсүз түрдө, январь ай ичи жер-жерлерге барып эл менен жолугуп, пикирин угуп, эмне кылабыз деп кеңешебиз. Биз элдерге барганда кеңешүү жүргүзүп атабыз, Бакиев отуруш керекпи, же кетиш керекпи деп. 90-100 пайызы кетиш керек, эмне кечиктирип атасыңар, конкреттүү иш чараларды жүргүзбөйсүңөрбү деген бизге дооматтарды бизге коюп атат. Экинчиси, бирикпейсиңерби деген сөз болчу. Биз жаңы жылдын алдында элдин бизге койгон дооматын аткардык. Кечээ күнү кыргыз саясий элитасында азыркы бийликке оппозициядамын деген күчтөрдүн баардыгы 100 пайыз бирикти.

- Маегиңизге рахмат.



Алайкуу тоосундагы Санта Клаус салтанаты

Санта Клаус Кара-Кулжа районундагы Терек айылынын жашоочуларын жаңы жылы менен куттуктап, белек-бечкегин таратып, дүйнөнүн булуң-бурчун кыдыруу үчүн саякатка аттанды.

Кыргызстан - Санта Клаустун Мекени, киндиги - Кара-Кулжа районунун Терек айылы деп атайын иликтөөнүн негизинде былтыр шведдик SWECO компаниясы жарыялаган. Эр аралык мекеменин маалыматына караганда, Санта Клаус саякатын Кыргызстандын дал ушул аймагынан баштаса, дүйнөнүн бардык балдарын куттуктаганга үлгүрөт экен.


Санта Клаусту Терек айылынын айтылуу Чыркатма кыштоосунда жергиликтүү бөбөктөр ыр менен тосуп алышты. Айтылуу жомок каарманы чогулган кары-жаштын баарысын босогодо турган жаңы жылы менен куттуктап, бакубат турмуш каалады. Балдарга белек-бечкегин тараткан Санта Клаус жер киндиги аталган Терек айылына эмдиги жылдан тартып резиденциясы жайгашаарын, ал эми дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө өкүлчүлүктөрү ачылаарын жарыя кылды:

- Шведдик компания логистикадан Санта Клаустун мекени Кыргызстан деп тапкан, талаш жок. Жакын арада бул жакта менин резиденциям болот, - деген Санта Клаус узак сапарынын башталышын белгилеп, чогулгандар менен коштошуу иретинде салют атты да, Алайкуу кырка тоосун карай бет алды.

Белгилүү жомок кейипкеринин карааны салют түгөнгөндө көрүнбөй калды.

Учурдан пайдаланып теректиктердин айрымдарын кепке тарттык. Бала бакча башчысы Уулкан Туюкбаева дүйнө жүзүнө Санта Клаус, кыргыз элине Аяз Ата катары таанылган жомок каарманы менен жердеш экендигине сыймыктанып, анын шылтоосу менен турмуш-шарт жакшырат деген үмүттө турган чагы:

- Аяз Ата биздин Терек айылынын Чыркатма деген жеринен чыкканына өтө кубанычтабыз. Бул шылтоо менен, Аяз Атанын келүү себеби менен Терек айылы быйылкы жылы өнүгүп-өсөт деген үмүттөбүз.

Ал эми Токтобай аттуу жигит аймакка инвестиция тартылып, жол оңолсо, заманбап пансионаттар курулса, Санта Клаустун кичи мекени өнүгүп кетээринен дегеле шек санабайт:

- Жол болуп, эгерде жакшы пиарчылар жүрүп көп элди кызыктыра алса, киреше чоң болот. Санта Клаустун шылтоосу менен эмес, региондун өзүнүн өнүгүшү үчүн бул жерге шарт түзүлүш керек, инвестиция келиш керек. Бул жерге жакшынакай коттедждер, же пансионаттар түшсө жакыш эмеспи.

Кара-Кулжа акими Айтмамат Осмонов Санта Клаусту Теректен сапарга атказган жөрөлгөгө туризм агенттиги район жетекчилерин чакырбаганына кыжаалат. Ошентсе да, Аяз Атанын атактуу Алайкуу өрөөнүнөн дүйнө кезген саякатка жөнөшүн жакшылыктын жышааны катары баалады:

- Райондук мамлекеттик администрацияга кабар берилген эмес экен. Биз өзүбүз угуп атайын келдик. Бул Санта Клаустун келишит, Аяз Атанын ушул жерден биринчи кадам жасашы жакшылыктын жышааны, белгиси деп эсептейм. Терек айылы Алайкуу зонасы өнүгүп-өсөт деп эсептейм, - деди Айтмамат Осмонов.

Кыргыз өңү Акаевдин өңүндөйбү?

"Бириккен элдик кыймылынын" уюштуруу жыйыны.

“Жаңырык апта” гезити “Оппозиция бириккен элдик кыймылын түздү” деп жар салып, А. Бекнзаров, Ө.Текебаев, И. Исаковдун сүйлөгөн сөздөрүнөн үзүндү келтирген. “Аалам” гезити гезит баяндамачысы Жолдошбек Зарлыкбековдун “Күйгөндөн айтам бир сабак” деген макаласын окурмандарга сунуш кылды.

“Аалам” гезити гезит баяндамачысы Жолдошбек Зарлыкбековдун “Күйгөндөн айтам бир сабак” деген макаласын окурмандарга сунуш кылды. Кыргыздын көбү азыр улууну урматтабайт, кичүүнү сыйлабайт. Себеби орус империясынын тутумунда бир кылым жашап, кошоматка, өйдө карабаган жалтактыкка, ичтен ийделетип интрига жасаганга жедеп көнүп алган.

Кыргыздар, ириде кыргыз жок болуп кетсин деп атайын диверсия жасап жатат. Азыр деле көбү орусча ойлонот, орусча сүйлөйт, кыргыз десе, өзү деле бети табактай болуп туруп кыргызчаны жек көрөт. Орусча сүйлөсө кыргыздан эки тепкич өйдө раса катары эсептейт деп сөз кылган автор, “... кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй эмес, качып-бозуп кеткен Акаевдин өңүндөй десе болот, бүгүн Курманбек Бакиевди да оңдурбай жатышат, “ атын баласынан аяган тейиттер кыргызга жакшылык кылмак беле?” дегендер четтен чыгат, экономика өсүп жатат деп кол бала орус Чудинов айтат.

Чудинов менен Ногоев экономиканы өстүргөн жок, өстүрбөйт дагы деп жазды. Гезитке ошондой эле “Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын лидери Жоомарт Сапарбаевдин “Бийлик бизди ур-токмокко алып коркута албайт” деген ат менен суроолорго берген жообу жарыяланды. Ушуга улай эле гезит кабарчысы Бахтияр Шаматовдун “Жарды Кыргызстан “Кумтөрдөй” ири кенди өзү иштете алабы?” деген баяндамасын сунуш кылды.

“Айат пресс” гезити Чычкан жылындагы той-топур, жылдын жоготуусу, окуясы, оппозициясы, куугунтугу, кырсыгы, көйгөйү, кылмышы жана башкаларга токтолгон. Гезит ЖК депутаттары Бакыт Бешимов жана Айнура Кенжебаева менен аңгеме-дүкөн курган. Дагы бир депутат Нарынбек Молдобаевдин интервьюсунун аты: “Балкыбековдун жети тукумуна чейин каргыш тиет” деген ат менен жарык көргөн. Анда баягы эле энергетика тармагынын калкты азапка кантип салып келаткандыгы тууралуу кеп козголот.

“Жаңырык апта” гезити “Оппозиция бириккен элдик кыймылын түздү” деп жар салып, А. Бекнзаров, Ө.Текебаев, И. Исаковдун сүйлөгөн сөздөрүнөн үзүндү келтирген. Гезит муну менен катар эле мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу бийликке сес көрсөтүмүш болуп, бирок жең ичинен сүйлөшүү жүргүзүп, Мураталы ажы Жумановдун муфтийлик ордун алууга кызыкдар болуп жаткан имиш деп, президент эски жыл менен кошо А. Жапаровду, К. Ташиевди оставкага айдаганы жатыптыр, М. Садыркулов Рина Приживойттун ордуна Австрияга элчи болуп кетет имиш, ушул эле элчилик орунга Тынычбек Табалдиев, Мелис Эшимканов, министр Нурлан Сулайманов да талапкер экен деген сөз тарады деп кабарлады.

“Учур” гезити Жантөрө Сатыбалдиевдин “Оппозициянын кылмышы болсо, бийлик элге жеткирсин да” деген аталыштагы интервьюсуна орун берди. Ушул эле санда ЖК депутаты Бакыт Бешимовго гезит кабарчысы: “Бакыт мырза, иниңиз Аскар Бешимовду кызматтан алып салганы сиздин саясый активдүүлүгүңүзгө байланыштуу десек болобу?” деп суроо салганда ал: ”Албетте, ал мыкты профессионал, акылдуу дипломат. Ага менин кедергим тийди. Саясаттагы көз карашым, бийликтин кемчилигин бетине айткандыгым себеп болду. Бул иним экөөбүздүн гана трагедиябыз эмес. Бүгүнкү Кыргызстанда мындай абалга туш болгондор өтө эле көп. Азыркы учурда Бакиев кланы бүткүл мамлекеттик кызматты менчиктештирүү аракетин көрүүдө. Бирок Бакиевдин командасы болгон эмес, жок жана болбойт дагы. Ал тегерегине акылы, тажрыйбасы бар адамдарды эмес, кошоматчылар менен урук-туугандарын чогултуп жатат” деп жооп берди.

Ошентип, “Оппозиция бирикти, бирок бийлик ага каршы армиясын даярдап жатат”. Мына ушундай ат менен жаңы санын ачкан “Лица” гезити АКШнын мамлекеттик департаменти “Азаттык” радиосунун берүүлөрүн кайрадан эфирге кое берүү чакыргы менен Кыргызстандын бийлигине кайрылганын “24 kg” маалымат агенттигине шилтеме кылуу менен маалымдады.

Ушу кезде “Ата Мекен” партиясынын айрым өкүлдөрү, атап айтканда ишкер Ө.Абдырахманов жана Болот Шерниязов үйбүлөлөрү менен АКШда жашап жатканын, ошондой эле аталган партиянын алгачкы уюмдары Америка Кошмо Штаттарында ачылганын белгиледи. “Лицанын” ушул эле санына белгилүү саясатчы Ишенбай Кадырбековдун “Мен сиздерден укуктук жана саясый башпаанек сураганга аргасыз болуудамын” деген катын шардана кылды. Кат кыргыз президенти К. Бакиевге, БУУнун адам укуктары боюнча комитетине, ОБСЕнин Бишкектеги борборуна, АКШнын, Орусиянын, Германиянын Кыргызстандагы элчиликтерине, укук коргоочу уюмдар менен ММКларга багышталган.

Гезит мындан тышкары Бириккен Элдик Кыймылдын документине кол коюу окуясына катышкан саясатчылардын айрымдарына суроо салган. Саясатчылардан А. Жешенкулов: "оппозициянын оң жээктегиси да, сол жээктегиси да, алтургай радикалы да бирикти, эң башкысы - максат жана милдет аныкталды",- деп, А. Сасыкбаева: "бийлик эми кантына кошуп камчысын ала чуркайт",- деп, Т. Сариев: "бизди баш кошолбай жатат деп күнөөлөп келишкен. Биз баш коштук. Күтүүсүз окуялар буга чейин деле боло келген, боло берет деп", Э. Булекбаев: "бийлик бизге каршы формалдуу да, формалдуу эмес да, алтургай кылмыштуу топтор менен бандиттерди каршы даярдап жатат" деп, И. Өмүркулов: "биз эң башкы тобокелчиликтен аттап өттүк. Биз бириктик. Мына ушул эң башкысы болду. Баары системаны алмаштырмайынча эчнерсе болбойт деген жыйынтыкка келди. Бийлик оппозиция менен дагы эле сүйлөшүүнү каалаган жок. Анын ордуна куралдуу күчтөрдү даярдап, элдик кошундарды түзүп жатат. Арасында студенттер, спортсмендер менен спорт мектебинин окуучулары бар деп, Б. Бешимов : "бийлик алсыз болгон сайын коркок болот. Ал эл тарабынан колдоо таппагандан кийин кара күчкө салат. Бирок бириккен кыймылды басып салууга кудурети жетпейт. Менден ал тургай эгер бийлик ок ата баштаса кандай болот деп сурап жатышат. Эгер өз элине бийлик ок ата турган болсо анда анын ошол замат күнү бүткөнү деп, Д. Чотонов: "бизде биригүүдөн бөлөк жол калган эмес. Бүгүн бирикпесек эртең кеч болуп калмак. Эми бийликтин радикалдуу кадамдарга баргандан башка чарасы жок, андан башкага анын акылы да жетпейт" деп, А. Бекназаров: "нааразылык ациялары сөзсүз болот. Эл арасында кан төгүлөт экен деген сөз тароодо. Аны дал ошол Акүй өзү таратып жатат. Эч кандай кан төгулбөйт. Биз кан төгүүсүз алганбыз, дагы кан төгүүсүз алабыз",- деп жооп беришкен.

АКШ “Азаттыктын” обого чыкпай калганына тынчсызданууда

АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргызстандын бийлигин, атайын келишимдин негизинде УТРКдан чыгып келаткан “Азаттык” үналгысын кайрадан чыгара баштоого чакырууда.

Бул боюнча атайын билдирүүдө, “Азаттык” үналгысынын уктуруулары жана берүүлөрү Кыргызстандын демократиялык нукта өнүгүшүнө, сөз эркиндигинин жана ачык талкуулардын болуусуна салым кошуп келатканы айтылат. Ошентсе да кыргыз бийлиги “Азаттык” үналгысы чарбалык маселелери менен кошо обого чыгуу шарттарын УТРКнын жетекчилиги менен келишүүсү керектигин, бийлик буга кийлигишпесин айтышууда.

Америка кошмо штаттары эл аралык “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын кыргыз тилдүү бюросунун берүүлөрү эки айдан ашуун убакыттан бери УТРКдан чыкпай келатканына тынчсызданып, атайын билдирүү таратты. АКШнын мамлекеттик департаменти тараткан билдирүүдө, үналгынын уктуруулары менен улуттук канал аркылуу чыгып келаткан “Ыңгайсыз суроолор” жана “Азаттык+” берүүлөрү өлкөдө демократиянын жана сөз эркиндигинин өнүгүшүнө салым кошуп келатканы айтылган.

Кыргызстандын бийлигин тез арада “Азаттыктын” берүүлөрүн чыгара баштоого чакырган билдирүүдөн соң, коомчулукта бул маселени бийлик токтоосуз түрдө бир жаңсыл чечүүсү керектиги тууралуу пикирлер айтыла баштады.

“Улуу биримдик” партиясынын төрагасы, жаңы түзүлгөн “Бириккен элдик кыймылдын” саясий бюросунун мүчөсү Эмил Каптагаевдин айтымында, бийликте отургандар “Азаттык” боюнча АКШнын нааразычылыгына кулак какпай койгон күндө да муну кыргыз коомчулугу жөн койбойт:

- Бул жерде бир нерсени ачык айтып коюшубуз керек. Бүгүнкү бийликтин, бийлик башында турган К.Бакиевдин “Азаттыкка” карата мамилеси адамегерчиликке такыр жатпайт. Бул - өзү суу ичкен кудугуна түкүргүндөй эле нерсе. М.Эшимкановдун деле интервьюсун окудум, “цензурага макул болушса коё беребиз” деп атат. Бул деген демократияны токтотобуз, биротоло диктатордук режим киргизебиз деген сөз да.

Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, “Азаттык” үналгысы менен УТРКнын чарбалык маселеси толук чечилгенден кийин, андан аркы иш алып баруусу УТРК жетекчилиги менен сүйлөшүүгө жараша болот. Н.Шакиевдин айтымында, улуттук каналдын жетекчисинин “Азаттыктын” берүүлөрүн электен өткөрүү талабы М.Эшимкановдун жеке пикири жана президенттин администрациясы буга кийлигишпейт:

- Эми бул УТРКнын жетекчилигинин өзүнүн пикири да. Биз бул маселеге аралашпайбыз, кийлигишпейбиз.

Айта кетсек 15-декабрда Кыргызстанга “Азаттыктын” Вашингтондогу жана Прагадагы жогорку даражадагы өкүлдөрү келип, кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Жолугушуулардын соңунда алар маалымат жыйын курушуп, кыргыз бийлиги “Азаттыктын” УТРКда чыкпай калышында саясат жоктугун айтышканын, чарбалык маселелер чечилсе УТРК менен кызматташуу кайрадан уланарын билдиришкен. Вашингтондогу Эларалык берүүлөр бюросунун (ЭББ) маркетинг жана чет элдик өнөктөштөр менен иштешүү департаментинин жетекчиси Гари Тэтчер мындай деген:

- Биз “ак үй” менен чарбалык маселелер кандайча чыгып калганын териштирип, маселени чечүүнү сүйлөштүк. Ошондой эле биз “ак үй” өкүлдөрүнөн, чарбалык маселелер чечилери менен “Азаттык” үналгысы обого чыга баштарын, андан тышкары, бул маселеде саясий өң-түс жок экендигин угуп ыраазы болдук. Ошентип биз бул маселе чечилип, жакында обого чыга баштарыбызга үмүттөнөбүз.

“Эркин Европа/ Азаттык” үналгысынын уктуруулар тармагынын жетекчиси Жулия Рагона:

- “Азаттык” радиосу Кыргызстандын медиа тармагынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Биз мындан ары да кыргыз коомчулугун жаңылыктар, түрдүү ой-пикирлер менен камсыздай бермекчибиз жана обого чыгарыбыз менен ал ишибизди улантууга үмүттөнөбүз. Биздин күнүнө 3 сааттык радио эфирибиз, андан тышкары биздин жумасына чыгуучу эки теле берүүбүз да бар. Булар тилекке каршы октябрь айынан бери эфирге чыкпай келет. Биздин azattyk.kg сайтыбызга кирген окурмандарыбыздын комментарийлерге караганда, элдер чындап эле бул жоготууну сезип, берүүлөрүбүздү күтүп атканын айтышууда.

Ошентсе да “Азаттыктын” өкүлдөрү маалымат жыйындан чыккан соң алар менен УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимканов жолугуп, “Азаттыктын” берүүлөрү сөзсүз түрдө алдын-ала кароодон өтүшү керек деген талап койгон. Мындай шарт тууралуу “ак үй” менен болгон сүйлөшүүлөрдө сөз болбогонун айтышкан үналгы өкүлдөрү ага каршы болуп, эртеси күнү “Азаттыктын” жетекчилиги бул жагдайга байланыштуу тынчсыздануусун жарыялаган.

Азыркы тапта “Азаттык” менен УТРКнын кызматташуусу боюнча маселе дале аягына чыкпай турат. Өз кезегинде "Азаттык" үналгысынын өнөктөштөр менен кызматташуу ишин алып барган Вашингтондогу Эларалык берүүлөр бюросунун (ЭББ) маркетинг жана чет элдик өнөктөштөр менен иштешүү департаментинин жетекчиси Гари Тэтчер 15-декабрда Кыргызстанга келгенде, УТРК менен кызматташуу боюнча келишимди дагы бир жылга узартуу документине кол койгон. Эми кезек УТРК жетекчилигинеде кады.

Оппозиция бийликке каршы жаңы күч курады

“Бириккен элдик кыймылга” баш кошкон оппозициядагы жети партия жана төрт кыймыл үй-бүлөлүк жана кландык бийликти мөөнөтүнөн мурда кетирүү максатын жар салууда.

Бириккен элдик кыймыл” (БЭК) мамлекеттик маанилүү-стратегиялык обьекттерди элдин менчигинде алып калуу менен президент Курманбек Бакиев баш болго кландык, үй-бүлөлүк бийликти мөөнөтүнөн мурда кетирүүнү көздөйт. “Элдик революциялык кыймылдын” лидерлеринин бири Азимбек Бекназаровдун бүгүн билдиргени боюнча БЭКтин максатын колдоого эл даяр:


- Эл коркпойт. Биз ушул улуу иштерди кылсак деп, аттанып атабыз. Мен ойлойм, куда кааласа биз жеңишке сөзсүз жетебиз. Корко тургандар бизден корксун. Эл ушуну талап кылып турат.


Эл шайлаган легитимдүү президентти бир ууч оппозиционерлер кызматынан алууну максат кылганы – мыйзамсыз деген пикирлер бийликчил партиялар тарабынан БЭК түптөлө элек жатып айтыла баштады. “Ак жол” партиясынын мүчөсү, ЖК депутаты Табылды Орозалиев БЭКтин максаты - Башмыйзамга каршы келет деген пикирде:

-Бүткүл Кыргызстандын эли 90% добушун берип шайласа, туурабы? Биз оппозициябыз деп эле он беш-он алты киши чогулуп алып эле кетиребиз дегени мыйзамга жатпайт. Конституциянын беренелеринде каралган, президент качан кетери тууралуу. Булардын аракети чектен чыккандык.

Кыргызстандагы оппозициялык күчтөрдүн бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу аракети көп убакыттардан бери ишке ашпай келе жаткан. Бир аз убакыт мурда бир катар саясий партиялардын, коомдук-саясий кыймылдардын, жеке инсандардын жана маалымат каражаттарынын “Биригүү меморандумуна” кол коюлган учурда да айрым оппозициялык маанайдагы саясий партиялар менен саясий кыймылдар кошулган эмес.

Бүгүн өлкөдөгү бардык оппозициялык күчтөр биригүүсү менен “Бириккен элдик кыймылды” түзүп отурганы эң чоң жетишкендик, деп билдирди “Ак шумкар” саясий партиясынын лидери Темир Сариев. Анын айтуусунда бул саамалык күрөштүн башталышы гана.

Биригүүнү чечкен оппозиционерлер бүгүн “Биригүү тууралуу келишимге” жана “Жаңы оппозициялык шарттар” деп аталган эки документке кол коюшту.

Социал-демократтар партиясынын төрага орун басары Бакыт Бешимов он сегиз жыл бою өз эгемендигине ээ боло албай, эки киши, алардын үй-бүлөсү, жакындары үчүн кызмат кылууга элдин чыдамы түгөндү деп эсептейт:

-Башыбызга күч келгенде биригип, ошол кыймылдын чокусуна чыгышыбыз керек. Анткени жашоодон да жогору нерсе бар: кадыр-барк, намысыбыз бар. Он сегиз жыл эки үй-бүлөнү багабыз деп, алардын алдында жүргөнүбүз бизге жарашпайт.

Март ыңкылабынан соң коргоо министри болуп иштеп жүрүп, кийин Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кызматынан президенттин башкаруу саясаты менен макул боло албастыгын ачык айтып кеткен Исмаил Исаков “Бириккен элдик кыймылга” өзү жетектеген “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын атынан кошулду. Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча бүгүнкү биригүү элдин келечекке болгон ишеничин күчөтүү болуп эсептелет.

Март ыңкылабынан кийин бийликке келген президент Курманбек Бакиевдин башкаруу системасы эл ойлогондой болбой, мурда убада кылынган Конституциялык реформа баш болгон бир катар ири реформалар жасалбай жаткан учурда эл оппозиция менен 2006-жылы ноябрь айында, кийинки жылы апрель айында борбордук аянтка чыгып, өзүнүн нааразылыгын билдирген.

Бирок ошол туштарда бириккен оппозициянын кийинчерээк жиктелип кеткени митингге катышкан бир нече карапайым адамдын камалып кеткен учурда оппозиция тарабынан эч кандай мамиле болбогондугу белгилүү. Ушундан улам бул жолу бириккен оппозицияны эл ээрчүүсү күмөн, деген пикирлер айтылып келет.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев бул жолку үмүттөр акталат, буга өлкөдөгү кырдаал өзү кепилдик берип турат, деп эсептейт:

-Кепилдик – бүгүнкү саясий кырдаал. Иш кандай чечиле турганы айдан-ачык көрүнүп турат. Ушундай мезгилде биздин кемени таштай каччулар болбойт, жок деп мен ишенем.

Бүгүн түптөлгөн “Бириккен элдик кыймылдын” жетекчи органдары болуп Улуттук кеңеш менен саясий бюро эсептелет. Улуттук кеңеш – кыймылдын башкы органы, ал эми саясий бюро – кыймылдын жетектөөчү жана иш-аракеттерди уюштуруучу органы болуп эсептелет.

Ө. Текебаев: БЭКтин лидерин тандоо али эрте

Өмүрбек Текебаев БЭКтин документтерине кол коюуда.

“Бириккен элдик кыймылга” баш кошкон оппозициялык саясий күчтөр азырынча бир лидерди тандабайт. «Ата мекен» партиясынын лидери Ө. Текебаевдин айтымында, лидер Кыргызстандын шартында биригүүнүн эмес, бөлүнүүнүн фактору болуп калышы мүмкүн.

-Бүгүн оппозициялык күчтөр бирдиктүү кыймыл түзүп жатасыздар. Кыймылдын бирдиктүү лидерин дагы аныктайсыздарбы?

- Бир лидерди аныктоо азырынча эрте деп эсептейбиз. Анткени ал биригүүнүн эмес, биздин Кыргызстандын шартында бөлүнүүнүн фактору болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан ал убагы келгенге чейин кийинкиге жылдырылат.

- АКШга болгон сапарыңыздарды максаты жана натыйжасы тууралуу айта кетсеңиз?

- Сапарыбыз өз максатына жетти жана жыйынтыктуу болду деп биз эсептейбиз. Биз пландаштырган жолгушуулардын баары болуп өттү. Биздин коллегаларыбыз саясатчылар, саясат таануучулар жана башка кесиптеги коллегаларыбыз жолугушууда Кыргызстанда, Орто Азиядагы демократиялык өнүгүүнүн кыйынчылыктары, алардын проблемалары жөнүндө түшүнөөрүн билдиришти жана биз менен бул багытта өзүнүн тилектештиктерин билдиришти.

-Өмүрбек мырза, АКШдан биздин үналгыга берген маегиңизде бийлик акыркы мезгилин жашап жатат дедиңиз эле, буга кандай аргументтериңиз бар?

- Күн өткөн сайын бийликтин жасаган иштери эң акыркы агониянын белгилерин билдирип турат. Ойлонулбаган, одоно, эптеп өзүнүн өмүрүн узартууга кылган аракеттери буга далил боло алат.

- Сиздер АКШга барганда кандай жолугушуулар болду?

- Жолугушууларда оппозициялык күчтөрдүн биригиши, албетте, белгиленип кете турган нерсе. Анткени бул моралдык күчтөнүүнү, уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүнүн көбөйүшүн гана билдирбестен, бул алардын идеялык-саясий жактан биригишин дагы билдирет. Ал эми саясий, идеялардын көз караштын биригишүүсү бул алда канча күчтүү фактор.

- Ал жактан финансылык каражат боюнча сүйлөшүүлөр болгон жокпу?

- Биздин мыйзам, башка өлкөлөрдүн мыйзамдары боюнча башка коңшу өлкөнүн саясатына акча каражат бөлүп берип кийлигишүүгө тыюу салынган. Биз өзүбүздүн жана башка өлкөлөрдүн мыйзамдарын сыйлайбыз, ал жөнүндө сөз болгон жок. Бирок жалпы демократияны колдоо боюнча сөз болгон.

Жалпы демокартияга, биринчи кезекте адам укугу, сөз эркиндиги жана башка граждандык институттарынын өнүгүшү, анын ичине шайлоо институтунун өнүгүшү кирет. Бул жагынан эл аралык коомчулук ар дайым Кыргызстанга акчалай техникалык, методикалык жардамдарды берип келген. Ал жардамдар улана берет деп биз түшүнөбүз.

- Ал эми "Манас" авиабазасы боюнча сөз болгон жокпу?

Жок, анткени "Манас" авиабасы бул түздөн-түз Кыргызстандын бийлиги жооп бере турган маселе, биз мамлекеттик бийликти эмес, граждандык коомду, саясий оппозициянын өкүлү катары бардык.

- Маегиңизге рахмат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG