Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 05:31

Кыргызстан

ПАРЛАМЕНТ 2008-ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТ ДОЛБООРУН БИРИНЧИ ОКУУДА КАБЫЛ АЛДЫ

1-февралда Жогорку Кеңеш быйылкы жылга бюджет долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Парламентте Социал-демократиялык фракциянын депутаттары гана долбоорду кабыл алуу эртелик кылат, ал кайрадан иштелип чыгууга тийиш деген пикирлерин билдирди. Бирок көпчүлүк депутаттар долбоорго добушун берди. Эми ал экинчи окууда бир жумадан кийин каралат.

Быйылкы жылдын бюджетинин параметрлери тууралуу депутаттарга каржы министри Тажикан Калимбетова маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, быйылкы жылы республикалык бюджеттин кирешеси 36 миллиард 300 миллион сом, ал эми жалпы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 41 миллиард 500 миллион сом деп белгиленүүдө. Өткөн жылга салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 6 миллиард сомго көбөйүүдө. Быйыл ички дүң продукты 6.7% өсүп, инфляция 12% болоору белгиленүүдө.Республикалык бюджеттин таңсыктыгы 3.5 миллиард сом болуп, ал сырткы жана ички каражаттар аркылуу каржыланат. Бюджеттин киреше бөлүгүнө "Манас" аба майданын пайдалануудан АКШ төлөй турган 17.5 миллион доллар кошулуп жатканын каржы министри кошумчалай кетти:

-Жыл сайын ушул булактан 17,5 миллион доллар биздин бюджетке түшүп турат. Андан сырткары аэропорттун өзүнүн макулдашууларына ылайык аларга кызмат көрсөткөнү үчүн төлөп беришет.

Каржы министринин сөзүнөн кийин ага бир катар суроолор берилип, талкуу башталды. Алгачкылардан болуп сөз алган социал-демократиялык фракциянын депутаттары азыркы бюджеттин мурунку бюджеттерден эч кандай айырмасы жок экенин, ошондуктан кошумча каражаттарды табуу, артыкчылык бериле турган тармактарды аныктоо жана каржылоо үчүн долбоордун үстүнөн дагы иштөөнү сунушташты.

-Акыркы үч жылдан бери эч кандай өзгөрүү жок. Мурда кандай болсо, ошондой калыпта келатат. Биз алгач салык реформасын аягына чыгарышыбыз керек эле. Жакында Салык Кодексин кабыл алабыз, анда көп өзгөрүүлөр болот? Жашоого жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн эки тепкичтүү бюджеттен үч тепкичтүү бюджетке өтүп жатабыз. Административдик-территориалдык реформаны аягына чыгарбай, натыйжада облус бийликтерин кармоого жарым миллиард сом жумшап жатабыз,- деген Иса Өмүркулов экономика терең талданбагандыктан бюджетти кабыл алуу албай турууну сунуштады.

Коммунисттер фракциясынын депутаты Бейшебек Акунов өндүрүштө өсүш жоктугун белгиледи:

-Бюджет негизинен эки эле нерседен турат. Биринчиси - өндүрүш, экинчиcи - салык. Талдап карасам, 2004-жылдан бери өндүрүш ылдыйлап баратыптыр. Салык менен тейлөө өйдөлөп баратыптыр. Эгерде бул мамлекеттин саясаты болсо, анда бир нече жылдан кийин туңгуюкка туш болобуз.

Бирок «Ак жол» партиясынын өкүлдөрү өлкөдөгү дурус жагдайларды такыр эле көрбөй коюу туура эместигин белгилешти. Төрага Адахан Мадумаров курулуш тармагынын өсүүсү, тигүүчүлөрдүн көмүскөдөн чыгуусун мисал катары айтып, буларга токтолду:

-Шарипа эже (Садыбакасова) айткандай, жакшылыгыбызды жакшыдай кабыл алып, кудай жолубузду ачсын дегенден уялып калдык. Жаман-жаман деген элдин кулагына жакшы угулуп калды. А жакшы өсүп атабыз деген сөз угулбай калды.

Адахан Мадумаров ошондой эле маданиятка, анын ичинде кино тармагына даректүү каражат бөлүүнү сунуштап, келерки жумада бюджетти экинчи окууга алып келгенде ар бир тармакка бөлүнгөн каражатты так жазып, анын кайсы ишкана, мекемеге бөлүнөөрүнө чейин ачык берүүнү талап кылды. Жогорку Кеңеш келерки бейшемби күнү бюджетти экинчи окууда кабыл алууга киришет.

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АДАМ УКУГУНУН АБАЛЫ КООПТОНДУРАТ

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу Адам укуктарынын абалына назар салып келе жаткан Human Rights Watch уюму кечээ жылдык докладын жарыялады. Анда Кыргызстан тууралуу 2005-жылдагы “жоогазын ыңкылабынан” кийин бийликке келген Курманбек Бакиевдин өкмөтү 2007-жылы демократиялык реформалардан артка кайтканы айтылат. Өлкөдөгү адам укуктарына байланышкан абал боюнча “Азаттыктын” суроолоруна укук коргоо уюмдарынын Координациялык кеңешинин координатору Назгүл Турдубекова жооп берди.

- Human Rights Watch уюму белгилегендей, чындыгында эле Кыргызстан демократиялык реформалардан артка чегинип жатабы?

-Ооба, бул чын. Адам укугу Кыргызстанда начарлап кетти. Адам укуктары тебеленип, бул укук коргоочуларды тынчсыздандырып жатат. Мисалы, адамдын жеке эркиндиги жана кол тийбестиги, эркин түрдө чогулушка чыгуу, сөз эркиндиги, шайлоо укуктары, адамдын адилет жана ачык сотко болгон укуктары бузулуп жатат. Укук коргоочулар өз көңүлүн Бишкектеги приемник-распределителге бөлүп жатышат. Себеби ал жерде биздин байкообуз боюнча, шарт жана милиция кызматкерлеринин кармалган адамдарга мамилеси концлагерь режимине окшойт. Ал жерде бир дагы адам кармалбашы керек. Соттун жүзүн көрсөтпөй эле мыйзам чегинен чыгышып, 4-5 суткага кармап коюшат. Бул жерде соттун дагы күнөөсү бар. Алар бул маселеге көңүл бурбай келет. Өзүңөр уккандай, 2 баласы бар энени соту жок мыйзамсыз 4 жарым суткага кармап коюшкан. Ушул суроону чечүү боюнча биз кечээ укук коргоочулар ИИМдин министри Конгантиев менен жолугуштук. Анда биз 2 баланын энесин мыйзамсыз кармоо боюнча милицияны жоопко тартуу маселесин көтөрдүк.

- ИИМдин министри менен жолугушуудан кийин кандай жыйынтык болду?

-Ички иштер министри Конгантиев өзү ошол 2 баланын энесине жардам көрсөтө тургандыгын билдирди. Экинчиден, ИВС, СИЗО, приемник-распределителде даярдык контролун өткөрүү боюнча бул жагынан жардам берерин жана көңүл бура тургандыгын айтты.

- Адам укуктарына байланышкан абал Кыргызстанда кандай болушу мүмкүн? Сиздин баамыңызда жакшы жагына өзгөрүшү мүмкүнбү?

-Менимче, бул суроонун тагдыры ар бир адамдан көз каранды. Себеби азыр коом унчукпай, эч кандай кыймыл өткөрбөсө, бизде адамдын укугу 3-4 жыл ичинде эле такыр артка кетип калышы мүмкүн. Анда биз кайра өзүбүз эркин жүрүп калган абалга жетпей калабыз. Азыр НПО болобу, ошол эле милиция, прокуратура, сот болобу, бардык жактан адам укугун коргоо боюнча көңүл бурбаса, бул жагда коркунуч туудурат.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

УТРКдагы УРУШ-ТАЛАШ ЭМНЕДЕН ЧЫКТЫ?

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу Кечээ УТРКнын жыйырмага чукул кызматкери ачкачылык акциясын башташты. Алар УТРКнын учурдагы жетекчиси Мелис Эшимкановдун кызматтан кетишин талап кылышууда. Мына ушул маселенин тегерегинде “Азаттыктын” суроолоруна ачкачылык жарыялагандардын бири, телерадиокорпорация башчысынын мурдагы орун басары Бейшенбек Бекешов жана УТРКнын учурдагы жетекчисинин кеңешчиси, чыгармачылык техникалык бөлүмүнүн аткаруучу директору Молдосейит Мамбетакунов жооп беришти.

-Анда алгачкы сөздү Бейшенбек Бекешовго берели. Бейшенбек мырза, адегенде мындай кадамга баруунун себептерин айтсаңыз.

-Биз Мелис Эшимкановдун УТРКда жүргүзүп жаткан өзбилемдигинин натыйжасында кысым тартып, ал кишинин биздин мыйзамдык, чыгармачыл, атуулдук укуктарыбыздын бардыгын тебелеп, тепсеп, адам катары, адис катары кордогонуна чыдай албай мөөнөтсүз ачкачылыкка чыкканбыз. Мен аргам кетип, өзүм чыктым эле. Менин артыман ээрчип, дагы он чакты киши чыккан. Эртең менен онго жакын болчубуз, кечке жуук 15-16 киши болгон. Бүгүн дагы кошулуп жатат, көбөйүүгө тийиш. Бирок ошого карабай, кечки саат 10до ошол жердегилердин бардыгын милиция келип, талкалап, жулмалап, сүйрөп, сыртка алып чыкты. Ошону менен сыртта калдык.

-Азыр канча киши турасыздар?

-Азыр 15-16 адам бар.

-Айтсаңыз, сиздерди кызматтан кетирүүнү азыркы жетекчилик эмнеге негиздөөдө?

-Эч кандай. Өмүрү чоң кызмат көрбөгөн адам ушундай болот окшойт. Баягы “көрбөгөндүн көргөнү курусун” деген сөз бар го. Анын сыңары, эч кандай мамлекеттик мекемеде иштебеген киши мыйзам дегенди билбейт экен. Жөн эле, эч кандай негиз жок эле, болбогон кагазды колго карматып туруп айдап чыкты.


-Молдосейит мырза, анда кийинки сөздү сизге берсек. Сиз нааразы тараптын мындай жүйөөсүнө эмне айта аласыз?

-Биринчиден, “келме кезек” деген бар. Бекешов 2005-жылы ыңкылап болгондо, мени кабинетимен президенттин указы чыга электе, эки солдатты алып келип, мылтык менен айдап чыккан. Мына ошонун азабын тартып жатат деп ойлойм. Экинчиден, ошол жерге жаңы кызматка келген кишилерди “Акаевчилер” деп жатат. Өзүнүн мына 2005-жылы, 7-январда “Жаңы ордо” гезитине чыккан бир макаласы бар. “Акаев бийликке биринчи келген күндөн тартып, менин ар бир ишим анын саясатына түздөн-түз жана кыйыр үгүт болуп келе жатат. Бул кошоматчылыктан эмес, болгон-бүткөн ишенимим эле ушул. Президенттин элибиздин жакшылыгы, жаркын келечеги үчүн баштаган, ар бир иши менен жарыялаган саясатына кенедей дагы кынтык таба албайм, тескерисинче, анын ар бир кырдаалга жараша тапкан чечимдерине чын ниетимен суктанып, тамшанам”, - дейт Бекешов. Урматтуу Бекешов, ушуну жазганың чынбы? Кыбыланы карап туруп, колуңду боорго алып, Кудайдын алдында айтчы?

-Молдосейит мырза, жетекчиликтин өкүлү катары айтсаныз, азыр ачкачылык жарыялап тургандар кандай негизде жумуштан бошотулду?

-Мындай да, бул ачкачылыкка чыккандар Бекешовдун өзүнүн кызыкчылыгын гана колдоп чыккандар, бул коллективдин кызыкчылыгын эч кандай колдогон жок. Бекешов директордун орун басары болуп иштеп турганда өзүнө кабинет, машина, өзүнө монтажный курдуруп алган. Элдин бардыгы буга нааразы болгон. Бүгүн анын бардыгын элге алып берди. Эл кезекте турса, Бекешов ушинтип кызматынан колдонгон. Аны ошол учурда кызматка алып, ошол учурда жакшылык кылган кишилер колдоп жатат. Мына кечээ күнү Алиева Рая деген интервью берип жатат, “эмне үчүн ачкачылыкка чыктыңыз эле?”, десе, айтып жатат, “мени Бекешов бир учурда талаада калганда кызматка алды эле, Бекешов бүгүн башына оор иш түшүп турганда, мен колдобогондо кандай кылам?”, - дейт. Өзү оорулуу аял. Карасаңыз, эми ошону ушундай ыкма менен ачкачылыкка түртүп жатат. Ушу Кудайга жагабы?

-Бейшенбек мырза, анда кийинки сөз сизде. Мына сизди “ошол жетекчилик алмашкан үч айдан бери ачкачылыкка чыкпай, эми кызматтан алып койгондо гана чыгып жатат” деген пикирлер да бар...

-Мен чондуктан түшүрүп койгон үчүн ачкачылыкка чыгып, нааразы болмок белем? Буларга болгону “катардагы журналисттик шарт түзүп бергиле, мен иштей берейин, чоңдукка деле тойдум, себеби ишим ушунчалык “неблагодарный” экен”, - деп макул болуп отуруп калгам. Эшимканов башында келгенде бардыгын сонун кылып, убадасын берип, жакшы болуп жаткан. Анан кийин анын аталыгы болуп, азыр сүйлөп жаткан Мамбетакунов келди, энелиги болуп Жаманбаева деген эжекебизди алып келди. Ошону менен экөөнүн акылы менен аягы ушундай болду. Баягы менин 20 жыл бою өзүм курап алган техникалык каражаттарымдын бардыгынан ажыратып, сыртка айдап чыгууга жеткирди. Муну эмне деп айта алабыз? Азыр Молдосейит байкебиз айтып жатат го, мени илгери минткен, тигинткен деп. Бүгүн “Жаңы ордо”, “Жаңы кылым” гезиттерине ушул байкелерибиз жөнүндө абдан чоң макалаларым чыгат, бүгүнкүсүн алып окуп койгула. Мына Мамбетакунов агайыбыздын үстүнөн КТРдин менчигин приватташтырган боюнча кылмыш иши козголуп отурат. Анан ушундай кишиге бизде сөз жок деп айтыш керек.

-Мелис Эшимканов ушундай акциянын чыгышын УТРКны реформалоо жүрүп жатканына жана жаңылануу жараяны башталышына байланыштырып жатат. Сиздин оюңузча, реформа кандай жүрүш керек эле?

-Реформа деген анын натыйжасы өзүнүн кишилерин телевидениеге алып келиши керек экен да. Болгону ошол. Мына Мамбетакунов, Жаманбаева, Муслимовага окшогон өзүнүн кишилерин алып келип, буларды внештатный өзүнчө акча бар, ошолордун эсебинен кармап туруп, штаттагылардын бардыгын айдап чыгып, өзүнүн кишилерин орноштурду. Кыскасы, “Мамлекеттик менчикти Эшимкановдоштуруунун жүзү” деген менин материалым чыкты, ошондо мен бардык аналитикасын бергем. Бул менчиктештирүүнүн абдан шылуун формасы. Өзүнүн кишилерин коюп койсо, эртең менен Эшимкановдун сөзүн сүйлөп калат да алардын бардыгы. Каалагандай жасайт да. Мамлекеттик төңкөрүштүн дагы бир түрү.

М.Мамбетакунов: -Бейшенбек Бекешов өзүнүн ыкмаларын башкаларга таңуулап жатат. Мисалы, мен жерди приватташтырып алсам, ага мыйзам, сот, тергөө деген бар да. Ошондон кийин гана менин кылмышым барбы же жокпу аныктап алат. Бул эми жөн гана жалаа. Мына Көркөм кеңешти күнөөлөп жатат. Реформа Эшимкановдуку жүрбөй жатат дейт. Өзү эмне реформа кылды? Былтыр 20 оператор кысым көрсөткөнүнө байланыштуу Бекешовго каршы пикет жарыялап чыгышкан, ойлорун айтышкан. Молдокасымов азамат жигит экен. Ошол барып, ийге көндүрүп, Бекешов өзү кечирим сурап, анан операторлор араң басылган. Мына 20 бала былтыр пикетке чыккан азыр кайрылуу жазып жатат. Бекешов иштеген ыкмаларын карасаңыз, менин учурумда бир дагы киши пикетке чыккан эмес. Мен деген элге кызмат кылгам. Ошон үчүн бүгүн кайра чакырып, “кызмат кылып бер” деп жатат. Эшимканов менен мен деле анчалык мыкты мамиледе эмесмин. Мени 15 жыл Эшимканов сындап жазган. Бирок ошого карабастан, мени чакырып, иштетип атат, ал азамат экен.

АТКЕЗЧИЛИКТИН “АЛЛАСЫ” ИИМдеби?

2007-жылдын аягында Ош облусунун чегара бекетинен Ош облустук наркобизнеске каршы күрөшүү боюнча бөлүмдүн начальниги Фархат Нурматов 100 килограмм апийим менен кармалган. Бул анын биринчи эле жолу колго түшүшү эмес. Ага каршы ачылган кылмыш иши белгисиз себептер менен эки жолу жабылган, аны үчүнчү жолу жабууга аракет жасалып жатканда ИИМ офицерлери президент К.Бакиевдин өз колуна кат тапшырууга жетишишкен. Катта Фархат Нурматов өңдүүлөрдүн жана андайларга “крыша” же калканч болуп, жаап-жашырып келаткан ИИМдин ошогездеги министри Б. Ногойбаевдин эки орунбасарлары туурасында сөз болгон. Мына ушуга байланыштуу ачуусу келген президент Ногойбаевди баш кылып, министрликтин жетекчилигин толугу менен кызматтан айдады. Сурак берип жатып апийим менен колго түшкөн Фархад Нурматов өзүн буга чейин калкалап келаткандар деп министрдин орунбасарлары болуп иштеген Осмонали Гуронов менен Расул Райымбердиевдин аттарын атаган.

Жаңы министр М.Коңгантиев бул окуяга байланыштуу ИИМдин наркобизнеске каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын начальниги Мырзабек Исмаиловду, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Камил Абдрахмановду кызматтарынан четтетти. Баса окуянын башкы фигурасы болгон Фархад Нурматовдун укум-тукуму күч органдарында иштеген адам экенин, атасы генерал-майор Базарбай Нурматов аз жыл мурда көз өтүп кеткенин, кызматынан четтетилген Камил Абдрахмановдун атасы милийсанын генерал-майору Мурзали Абдрахманов болорун, ошентип айтылуу күч органында анын мурдагы чоң кызмат орундарында олтурган чиновниктери сурак берип жатканын, эгер бул иш акыр-аягына чыга турган болсо, элге жакында ИИМде кимдер аткезчилик менен коррупцияга каршы күрөшүп, кимдер аны жаап-жашырып, калкалап келатканы 1-жолу ачыкка чыкканына күбө болобуз деп жазды “Новый Кыргызстан” гезити. Ушул эле гезит Улуттук илимдер Академиясынын экономикалык изилдөөлөр борборунун кызматкери Темирбек Акматалиевдин Кыргызстандын борборун Чаекке которуу керек деген интервьюсуна окурман көңүлүн бурду. Акматалиев мырза, адегенде борборду канжолдун кашындагы Токтогулга которсо орундуу болобу деп ойлоп, бирок жер аймагы аз, жолго жакын кыштак бара-бара базарга айланып кетеби деп чочулап, Талас менен Чаекке токтолгонун, Манастын мекени борбор болууга бардык жагынан төп келерин, Таласка туш тараптан жолдор кирерин, өзү да темиржол боюна жайгашканын, экинчи варианты Чаек кыштагы болорун, Чаекке өлкөнүн түштүгү менен Талас Суусамыр аркылуу каттаса, Ысык- Көл менен Нарын Кочкор аркылуу каттаарын, албетте Таласка караганда борборду Чаекке которуу арбын чыгымдын башын жээрин, бирок өлкөнүн келчекте өсүп-өнүгүүсү үчүн мындан өткөн вариант жоктугун, дүйнөдө далай өлкөлөр борборун ушинтип майда шаарларга которуу жолу менен оор абалдан чыкканын далилге тарткан.

“Аалам” гезити А.Мадумаров ЖК аппарат жетекчиси менен иш башкаруучусун алмаштырып, эми катардагы мамлекеттик кызматкерлерди кеткиле, өз кишилеримди коем деп опурулуп, көп жылдан бери иштегендердин укугун эске ала турган түрү жок дейт. Мелис Эшимкановду кетирүү ачкачылыгын Бейшенбек Бекешов баштаганына караганда шамал Акүй жактан согуп атат окшойт, эски Конституция боюнча жер жана анын байлыктары менчикке берилбейт деп жазылып келсе, бүгүн ошол жер байлыгынан, анын ичиндеги кен байлыгынан кол жууганы калды, акыркы ирет өткөн референдум менен шайлоо элди ошол байлыкка ээлик укугунан көз ачып жумганча ажыратты, 2008-жыл Кыргызстан үчүн чечүүчү жыл болот деп президент Бакиев эң туура айткан. Эми Кыргызстандын карманаар жалгыз шамчырагы болгон энерготармакты кармап жан багып келаткан элдин колунан ошол шамчыракты да кагып түшүргөнү калды деп маалымдады.

“Жаңы ордо” гезити аркылуу “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев, “Независимая жизнь” партиясынын председатели Исаков, “Трибуна” гезитинин баш редактору Ырысбек Өмүракунов, “Адам эркиндиктери жана укуктары” уюмунун жооптуу катчысы Атамкулов президент Бакиевге, спикер Мадумаровго, ЖК төрайымы Алиевага, Баш прокурор Сатыбалдиевге кайрылып: “Медет Садыркулов коррупциялык иш жасап, бирок соттолбой, бүгүн да чоң кызматта отурат. Ошондуктан Садыркуловду, Акаевди жана алардын шериктерин сот жообуна тартуу зарыл” деген катын жарыялады.

“Агым” гезити саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев менен депутат Зайнидин Курмановдун кайым айтышын “Агым айтыш” деген рубрика алдында сунуш кылды. Депутат Зайнидин Курманов, “демократиялык шайлоо бизде бутуна туралбай жатат, бирок аракет бар, шайлоодон шайлоого өсүп жатабыз, нааразылыктар күч экени чын, мунун саясый жагы бар, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн жерде эч качан оппозиция жеңбейт, миң балакет кылсын, баары бир утулат” десе, Токтогул Какчекеев, “бир кезде Акаевдин аркасы менен байлыкка жеткендер бүгүн Бакиев үчүн өлүп беребиз дешүүдө. Себеби депутаттык мандатты аларга президент берди. Бүгүнкү парламентте эчтекени көрөлек “бозбаштардан” тарта, кокус эле тизмеге илине калганга кол көтөрүп коюш үчүн депутат болгондор, атургай экооз сөздү эптей албагандар бар, ошондуктан азыркы парламенттин маңызын аныктоо кыйын” деп айтты.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИ МЕНЕН БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР КЫЗМАТТАШАТ

31-январда Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жолугушту. Анда адам укуктарын коргоо, тартип коргоо органдарын реформалоо жана мыйзам бузуулардын алдын-алуу чаралары талкууланып, министрлик менен бейөкмөт уюмдардын ортосунда тыгыз кызматташтык түзүүгө макулдашышты.

Жолугушууга ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Маркус Мюллер да катышып, башкы көңүл тартип коргоо органдарын реформалоо жана адам укуктарын коргоо маселесине бурулду. Министр Молдомуса Конгантиев болсо тартип коргоо органдары менен бейөкмөт уюмдардын кызматташуусунун башкы багыты тартип бузуулардын, анын ичинде балдар арасындагы кылмыштуулук менен мектептердеги тартип бузуулардын алдын-алуу болушу керектигин белгиледи.

Бейөкмөт уюм өкүлдөрү болсо айыпталуучулар кармалчу тергөө жайлары менен селсаяктар кармалчу жайлардагы абалды көзөмөлдөөгө жарандык коомду катыштыруу, митинг, пикеттерде милициянын адам укуктарын коргоо маселелерине башкы көңүл бурууга мезгил жеткендигин белгилешти. “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жолугушууга катышкан жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, жолугушуу милициянын адам укуктарын коргоо мамилесин жакшыртууга өбөлгө түзөт деген үмүттү пайда кылды. Анткени министрликтин бейөкмөт уюмдар менен иш алып барган 9-бөлүмүнүн кызматкерлеринин укук коргоочуларга карата орой жана мыйзамсыз мамилеси кызуу талкууланып, министр Конгантиев милиция менен элдин ортосундагы ажырымды жоюуга бейөкмөт уюмдар көпүрө болушу керектигин баса белгиледи дейт Азиза Абдрасулова:

-Мен ушул демилге ишке ашат жана милиция кызматкерлери адам укуктарын коргоо багытында иш алып барат деп ишенгим келет.

Жолугушууда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жаштар уюштурган “Мен ишенбейм” нааразылык акциясынын катышуучуларын күч менен камоо жана Бишкек шаар кеңешинин нааразылык акцияларды атайын бөлүнгөн жерлерде гана өткөрүү жөнүндөгү токтому адам укуктарын одоно бузуу катары фактысы катары талкуулангандан кийин министрлик менен бейөкмөт уюмдар “Митинг, пикет жана жөө жүрүштөрдү өткөрүү” жөнүндөгү мыйзам долбоорун биргелешип даярдоо чечимине келишкен.

- Чындыгында мыйзамда мүчүлүштүктөр абдан көп. Ошол себептен да аталган токтом кабыл алынып жатат. Ошол токтом Конституцияга карама-каршы келээрин адилет министри да, ички иштер министри да түшүнүп турат.Ошондуктан, жарандык коомдун өкүлдөрү жана укук коргоочулар биргелешип иштешибиз керек, өзүбүздүн сунуштарды киргизишибиз керек,- дейт.

Парламенттик шайлоого чейин жана андан кийин да Бишкектин борбордук аянтында нааразылык акцияларын өткөргөндүгү үчүн камакка алынып, соттон бир нече жолу жаза алган укук коргоочу Максим Кулешов ички иштер министри Молдомуса Конгантиев менен бейөкмөт уюмдарынын кызматташуу аракетинен майнап чыкпайт деген бекем ишенимде:

-Мен ишенбейм. Анын жыйынтыгын көрмөйүнчө ишене албайм. Анткени, бийликте турган адамдар убада бере бергени менен ал эч качан аткарылбайт. Маселен, “Мен ишенбейм” акциясынын катышуучуларын камоодо жана аларды соттоп жатканда жактоочуларды киргизишкен жок. Ага соттор да көңүл бурушкан жок. Конституция боюнча кармалар замат адвокаттарды катыштыруу керек.

Ал эми адам укуктары боюнча президент алдындагы комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун көптөн бери өз ара тирешип келаткан Ички иштер министрлиги менен укук коргоочу бейөкмөт уюмдардын ортосунда кызматташуу аракети бара-бара коомдо адам укуктарын коргоонун жакшырышына жана милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигинин да жогорулашына жакшы өбөлгө түзөөрүн билдирди. Эки тараптын кызматташуусунун натыйжасы катары өзү жетектеген комиссия убактылуу кармоочу жайларды иликтөө боюнча мекемелер аралык комиссия түзүүнү көздөп жаткандыгын жана анын курамына жарандык коом өкүлдөрүн да тартарын кабарлады:

- Премьер-министр макул болсо ага өкмөттүк уюмдардын жана жарандык коом өкүлдөрүн катыштырып туруп мекемелер аралык комплекстүү комиссия түзүү керек. Анан Бишкектеги гана эмес, бүт өлкө аймагындагы убактылуу кармоочу жайларды текшерип чыгыш керек.

Ө. ТЕКЕБАЕВ: ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ӨЗ МӨӨНӨТΥНДӨ ӨТΥШΥ КЕРЕК

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу Буга чейин кабарлангандай, “Ата мекен” партиясынын лидерлери эртең АКШга жол тартканы турушат. Алар Вашингтондо жыл сайын өтчү улуттук сый тамак каадасына чакырылган. Салтка айланган бул жөрөлгөгө АКШ президенти катышып, коноктордун алдында сөз сүйлөмөкчү. Бул сапар жана Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаалга байланыштуу “Азаттыктын” бир катар сурооолоруна аталган партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев жооп берди.

-Алгач ушул сапар тууралуу айтсаңыз. Мындай сый тамакка быйыл Кыргызстандан “Ата мекен” партиясынын өкүлдөрүнүн гана чакырылышы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Айрым саясатчылар болжогондой, бул сапардын артында кандайдыр бир саясат барбы?

-Сый тамак жыл сайын болчу иш-чаралардан. Ага Кыргызстандан тиги же бул саясатчы жыл сайын барып, катышат. Бул жолу чакырылгандардын бардыгы төрт адам “Ата мекен” социалисттик партиясынан болуп калды. Бул менин пикирим боюнча, кокусунан болуш керек. Анткени бул маселе сентябрь-октябрь айларында эле чечилген. Ошол сегиз адам болуп барышыбыз керек эле. Самаков жумуштары чыгып, бара албай, биз алты адам бул сапарга кетип жатабыз.

-Бул сапардын алкагында башка дагы жолугушуулар белгиленип жатабы?

-Албетте. Бул сый тамактан башка дагы ар кандай жолугушуулар бар. Бул АКШ бийлигинин федералдык деңгээлинде, штаттардын, Конгресс, Мамлекеттик департамент, бейөкмөт эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу күтүлүүдө.

-Эми сөздүн нугун Кыргызстандагы азыркы абалга бурсак. “Ата мекен” партиясы Азимбек Бекназаров түзгөн Революциялык комитеттин талаптарына кандай карайт?

-Революциялык комитеттин койгон талаптары мыйзам чегинде. Албетте, ал талаптар мыйзамда көрсөтүлгөн формада, тартипте өтө турган болсо, бул уюмдун түзүлүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени, бийлик өзүнүн зордук-зомбулук, мыйзамсыз аракеттери менен оппозициянын бир бөлүгүн мына ушундай жолго түртүп жатат.

-Өмүрбек мырза, мына айрым саясатчылар азыр өлкөдө 2004-жылдагыдай кырдаал түзүлүп келе жатканын, ал мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо менен коштолушу ыктымалдыгын болжоп жатышат. Сиз азыркы кырдаалга кандай баа бересиз?

-Менин оюмча, президенттик шайлоо өз мөөнөтүндө болушу керек. Президент Бакиевдин мөөнөтү төрт жыл, беш ай. Анткени шайлоо мөөнөтүнөн мурда болуп, президент 2005-жылдын август айында ант берип, ишке киришкен. Ал эми ошол кездеги Конституция боюнча, кийинки президенттик шайлоо президенттик мөөнөтүнүн бешинчи жылынын октябрь айынын акыркы жекшембисинде көрсөтүлгөн. Демек августтан кийин, эки айдан кийин эле шайлоо болушу керек. Ошентип, президент Бакиев Конституцияда көрсөтүлгөн мөөнөттөн тогуз ай аз президенттик кылат. Ошондуктан дагы кезексиз президенттик шайлоо жарыялоонун зарылчылыгы жок.

-Азыр ар кандай божомолдор айтылып жатат, жазында кайрадан саясий кырдаал күчөшү мүмкүн. Оппозиция жанданып, эл арасында нааразылыктар күчөшү мүмкүн дегендей. Сиз бул тууралуу кандай ойдосуз?

-Элдин арасында нааразылыктын күчөшү күтүлгөн, табигый нерсе. Анткени ушул кезге чейин биздин мамлекеттин көзкаранды эместигинин символу болуп, элдин көзүндө ушундай болуп турган стратегиялык тармактар чечкиндүү жана тез аранын ичинде приватташтырылганы жатат. Бул - энерго сектордун объектилери, бөлүштүрүүчү электр компаниялары, газ тармагы, көмүр кендери, темир жол, аба жол жана башка ушуга окшогон стратегиялык тармактардын бардыгы быйыл менчиктештирилгени турат. Мунун бардыгы албетте жарандардын колдоосуна ээ болбойт. Анткени акыркы он жылда мына ушул маселелердин айланасында чоң улуттук деңгээлде талаш-тартыштар, талкуулар болуп, коомчулук буга каршы болуп келген. Албетте буга окшогон саясаттын жыйынтыгы, элдин нааразычылыгын пайда кылат. Бул нааразычылык биринчи кезекте патриоттуулук сезимдин негизинде болот деп ойлойм. Албетте шаардыктар түздөн-түз газды, электр-энергияны пайдаланып, алардын тарифтеринин көтөрүлүшүнөн улам социалдык-экономикалык планда элдин нааразылыгы дагы болот. Бирок негизинен мен ойлойм, ушул жарандарда патриоттуулук сезим күчтүү болуп, бул саясаттын түбү туура эместиги түшүнөт.

-Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

СОЦИАЛДЫК БЮДЖЕТТИН МАЙЫН АТКАМИНЕРЛЕР КАЛПЫП АЛАТ

Саясий окуялардын башы көтөрүлбөгөн Кыргызстандын быйылкы жыл бюджети да маалында кабыл алынган жок.Өлкөнүн негизги экономикалык документин кечиктирип кабыл алуу кийинки жылдары адатка айланып баратат. Үч жолку окуудан өтчү 2008-жылдын бюджет долбоору кечээ парламенттин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында талкуланып, Жогорку Кеңештин кезектеги отурумуна сунуш кылынды. Бюджеттин киреше бөлүгү 39 миллиард сомду чапчып, чыгашасы 42,5 миллиард сомго чыгуyда.

Кыргызстан бюджетинин киреше бөлүгү 1 миллиард доллардан ашканы, анын социалдык багытты көздөөрү комитет жыйынында байма-бай айтылды. Өкмөт башчы Игорь Чудинов быйылкы жыл бюджети жемекейлик эмес, инвестицияга жетиштүү маани бере ала турган документ экенине басым жасады.

- Бүгүнкү бюджеттин керектөө форматын инвестициялык бюджетке өткөрүү милдети турат. Ал үчүн биз жаңы каржы усулдарын табышыбыз керек. Ал үчүн өлкө ичиндеги каржылык ресурстарды алгылыктуу пайдаланышыбыз абзел.

Өкмөт башчынын ишениминде ички каржылык мүмкүнчүлүктөргө камсыздандыруу, Социалдык фондго которулган каражаттар, башка булактардан агылчу акчалар кирет. И.Чудинов быйылкы жылга чектелген мамлекеттик инвестиция программасын кошкондо бюджеттин киреше бөлүгү ашык-кеми жок 39 миллиард сомду түзөрүн маалымдады. Бул Кыргызстандын ички дүң продуктунун төрттөн бир бөлүгүнө жакын каражатты түзөт.

Бюджеттин негизги жүгү адаттагыдай эле салыктан түшчү акчаларга тиймекчи. Быйылкы жылга салыкчылардын чогултчу акчасы 29 миллиард сом болушу керек. Анчалык акчаны өкмөт токтоп турган ишканаларды иштетүү, сырттан тикелей инвестицияны арбын тартуунун эсебинен топтоону көздөөдө. Жыл сайын бюджет кабыл алынарда токтоп турган завод-фабрикаларды ишке киргизүү демилгеси өкмөт мүчөлөрүнүн көнүмүш убадасына айланып баратат.

Кыргызстандын каржы министри Тажикан Калимбетова быйылкы жыл бюджетинин долбоору өткөн жылдын августунда мурдагы парламентке сунуш кылган кезинен 3,5 миллиард сомго көбөйгөнүн белгиледи. Анын ырасташынча, өкмөттүн “Кумтөр” менен келишими бекитилип, Украина убада кылган грант акчаны берип калса бюджеттин киреше бөлүгү дагы көбөйгөнү туру.

- 2007-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда бул жылы болжолдонуп жаткан киреше бөлүгү 17% көбөйүүдө. Бул 6 миллиард сомго арбын.

Кыргызстан бюджети жылдан-жылга ыкчам көбөйүп жатканын Т.Калимбетова толгон-токой сандардын жардамы менен ырастады, мурдагы жылдарга салыштырмалуу өсүш көзкөрүнөө экенин маалымдады.

Бирок да министрдин көңүлток билдирүүсү өлкөнүн учурдагы экономикалык абалына анча коошпой тургандыгын парламент депутаты Иса Өмүркулов атайы белгилеп, ташбака жылыш менен бараткан өндүрүш шартында кантип ийгиликтер тууралуу кеп кылууга болот, суроосун алдыга жайды.

- Өндүрүш болбогондон кийин кайдан салык чогулат? Анан да бюджетти түзүү принциптери мурдагы жылдардан эч кандай айырмаланбайт. Баары жеп-ичкенге багытталган.

Бюджеттин бир капшытын оңурайтып жок кылып отургандар ошол өкмөттүн өзүндө экендигин депутат Роза Отунбаева ырастады.

- Биздин министрлер кандай машинелерде жүргөнүн карагыла. Алардын жашоосу кандай! Чоң кызматка дайындалар менен иш ордун кайрадан жасалгалап, кымбатбаа италиялык эмерегин ыргытып, ордyна жаңысын койдуртат. Билесиздерби, биз жакшы жашап жатабыз. Кыргызстан калкынын 40% кедей жашайт. 10% жакырчылыктан башы чыкпай келатат. Ал адамдарды эмне үчүн ойлобойбуз? Акчаны ошолорго жумшаш керек эле го!

Парламенттеги көпчүлүктү түзгөн “Акжол” партиясынын өкүлдөрүнүн текши баары 2008-жылдын бюджет долбоорун биринчи окуудан тезирээк өткөрүү жөнүндөгү өкмөт башчынын сунушун колдошту. Бүгүн анын биринчи окууда палата отурумунда кабыл алынышы күтүлүүдө.

АДАМ САТУУГА ЖЕТКИРГЕН АРМАН ЖАШОО

31-январда Жалалабат облусундагы “Лидер аялдар” биримдиги адам сатуулардын алдын алууга арналган тегерек үстөл талкуусун өткөрдү. Уюмдун белгилешинче жашоонун айынан жарандар алдоо жолу менен жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө сатылууда. Орусияга сыртынан сатылып кеткен аял ар түрдүү кыйноолорго, сексуалдык кулчулук тагдырга туш болгон.

Өлкөдөгү начар турмуш менен жашоого жетерлик маянанын тартыштыгынан көптөгөн жаш адамдар алдамчы топтордун курмандыгына айланууда. Облустагы “Лидер аялдар” биримдигинин төрайымы Жанна Саралаеванын белгилешинче алдамчы топтор соңку учурларда иштөө ыкмасын өзгөртүшкөн. Алар көп айлык берер иш таап беребиз деген ширин убадалары менен кыз-келиндерди Өзбекстандан чет өлкөлөргө жиберишет. Казакстанда 13 жыл бою кул болуп жүргөн үй-бүлө да уюмга кайрылган. Орусияда бир нече ишканасы бар аял ал жакка барып иштөөгө макул болгон адамдардын туугандарынын да ишенимине киргени менен алып кеткен кишилерди сыртынан сатып ийген. Аталган өлкөгө баргандар Ярославль облусунда 10-12 адам эмгек кулу болушса, Түркия, Сирия, Араб Эмиратында болуп кайткандар секс кулу болгондугун билдиришкен.

Адам сатуу көйгөйүнүн алдын алуу жаатында бейөкмөт жана мамлекеттик уюмдардын ортосундагы өз ара кызматташуу жакшы эмес. Эл аралык миграция уюму менен иштешкен аялдар биримдиги “189” телефону аркылуу жарандарга былтыр 905 жолу чет өлкөдө иштегенде эмнеден жана кимдерден сактануу, кыйын күнгө түшкөндө кайсы уюмдарга кайрылуу керектиги тууралу кеп-кеңештерин берген. Сузак районунда чет өлкөгө адам чыгарган үч топтун дайын-дарегин жабырлануучулар да айтпай келишүүдө:

- Өлкөбүздөгү жумушсуздук, жашоо шартынын начарлашы, үй-бүлөсүндө оорукчан адамдар бар эч ким иштебей, тамак-ашы жоктуктан ушундай болууда. Саунада иштеген кыздар менен сүйлөшүп келгенде, алар уялбастан ачык айтышат мындан башка эмне иш кылабыз деп. Программанын негизинде тегерек үстөл, чогуу отуруп талкуулоо менен эле чектелип калат.

Алдамчылардын тилине кирген облустун тургуну Орусияда күндүзү тамак бышырып, идиш аяк жууп, түнкүсүн бир топ эркектин аялына айланган. Жалалабат шаарындагы “Каниет” аттуу кризистик борбордун өкүлү Гүлфира Абдувалиеванын айтымында уруп-согууга да туш болгон ал келинге уюм МОМдун эсебинен жардам берген. Уюмдун кеп-кеңеши менен 6 окуя сотко берилгенде алдамчылар 20 миң сом мамлекет пайдасына төгүүгө, 10 миң сом жабырлануучуга берүүгө кириптер болушкан.

Алдамчы топтордун торуна чалынгандар эл-журт укпасын деген кыязда ачыкка чыгышпайт. Жалалабат шаарынын тургуну Бегайым Токтоналиеванын ою боюнча тыш өлкөлөргө иштегени бараткандар жетишерлик маалымат менен камсыз болушпайт:

- Ал жакта эмне иш кылат, кандай коопсуздук сакталат ушуга көп көңүл бурулбай атат. Мамлекет дагы, жаран дагы ушуга көңүл буруш керек. Себеби анын өзүнүн коопсуздугу, өзүнүн тагдыры ага керектүү да.

1-ФЕВРАЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Титулярдык кеңешчи А. Л. Бубеновдун экспедициясы 1827-жылдын 1-февралында Омск шаарынан чыгып, Кыргызстанга бет алган. Мектеп жашындагы өспүрүмдөргө арналган «Кыргызстан пионери» гезитинин биринчи саны 1932-жылдын 1-февралында жарык көрдү.

Россия империясы Кашгар жана Индия багытында тышкы саясатын активдештирип, ага жакын жайгашкан аймактарды өздөштүрүү максатында, Кыргызстанга титулярдык кеңешчи А. Л. Бубеновдун экспедициясын жиберген. А. Л. Бубенов буга чейин Кыргызстанда бир канча ирет болуп, жергиликтүү калктын кулк, мүнөзүн мыкты билген адис катары эсептелген. Бубеновдун экспедициясы менен кошо соодагерлер кербени катары жабдылган тыңчылар тобу жөнөтүлгөн. Экспедиция 1827-жылдын 1-февралында Омск шаарынан чыгып, Кыргызстанга бет алган. Инструкцияга ылайык Бубенов менен Броневскийлер билдирүлөрүн тынымсыз салып турууга милдеттендирилген.

Совет бийлигинин алгачкы жылдарынан тарта билим берүү тармагына көңүл бурулуп, мектептер ачыла баштаган. Совет убагындагы адегенде ишке киришкен мектептердин бири-Пишпек уездинин Канай волостунда 1919-жылдын 1-февралында ачылган окуу жай болгон.

СССР Бүткүлсоюздук Борбордук Аткаруу комитет Президиумунун 1926-жылдын 1-февралында кабыл алган токтомуна ылайык Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы уюшулган. Кыргыз АССРинин курулушу 1925-жылдын ноябрь айында өткөн Кыргыз Автономиялык Областыныны Ш сессиясынын чечимине ылайык ишке ашырылган. Сеяясияда Автономиялык союздук республиканы уюштуруу чечими чыгарылган. Токтомдо каралгандай Кыргыз АССРи мурда белгиленген чекте, РСФСР курамындагы федеративдик шартта куралган. КАССР Элдик комиссарлар советинин биринчи төрагалыгына 25 жаштагы Юсуп Абдрахманов дайындалган.

Кыргыз областтык ВКП (б) комитетитетинин II пленуму 1931-жылдын 1-февралында ишин баштады. Пленумда областтагы коллективдештирүүнүн жүзөгө ашырылышы, жазгы айдоо компаниясынын жүргүзүлүшү жана малчарбасынын абалы сыяктуу маанилүү маселелер талкууга алынды.

Мектеп жашындагы өспүрүмдөргө арналган «Кыргызстан пионери» гезитинин биринчи саны 1932-жылдын 1-февралында жарык көрдү.

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын уюшулганынын 15 жылдыгы 1941-жылдын 1-февралында салтанат менен белгиленди. Республика жетекчилги юбилейдик датага утурлай өлкө башчылары И. В. Сталин менен В. М. Молотовго бир канча маанилүү маселелелрди оң чечип берилишин өтүнүп кайрылышкан. Анын бири республика үчүн жогорку кадларды даярдоо максатында Кыргыз мамлекеттик университетинин ачылышы жана СССР Илимдер Академиясынын Кыргызстандагы филиалын куруу сунушу болгон.

Жергиликтүү улуттагы кыз-келиндердин билимин арттырып, педогогика багытындагы адистерди тарбиялоодо В. В. Маяовский атындагы кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту маанилүү роль ойногондугу белгилүү. Педгогикалык институтту ачуу чечими Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу комитетиинин 1944-жылдын 15-декабрындагы токтому менен кабыл алынып, окуу жай 1945-жылдын 1-февралында уюшулган. Кыргыз кыз-келиндер окуу жайынын базасында 1950-жылы Мугалимдер институту курулуп, ал 1952-жылы В. В. Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту болуп өзгөртүлгөн. Окуу жайда адегенде 27 кафедра, китепкана, мектепке чейинки мекемелер, музыкалык бөлүм иштеген.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин өлкө эркиндигин тааныган да, Кыргызстнга биринчи элчилигин ачкан мамлекет да Америка Кошмо Штаттары болгон. Кошмо Штаттар 1992-жылдын 1-февралында Кыргызстанда биринчи чет өлкө элчилигин ачты. АКШ элчилигинин имраты Эркиндик бульварында орун алган. Ушул эле күнү Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин ачылыш салтанаты өткөрүлдү.

Шайлоого утурлай кырдаал менен таанышуу максатында Кыргызстанга келген Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин элчилерин 2005-жылдын 1-февралында президент Аскар Акаев кабыл алды.

Демократиялык күчтөр коалициясы 2006-жылдын 1-январында, Кыргызстанда саясий кризистик кырдаал түзүлгөндүгүн билдирди. «Ачылбаган буйрутма киши өлтүрүүлөр, менчикти кайра басып алуу, криминалдык күчтөрдүн ачыкка чыгышы, Улуттук коопсуздук кеңешиндеги жана кадр маселелери боюнча чыр-чатактар өлкө үчүн коркунуч жаратаары» белгиленди. Демократиялык күчтөр Коалициясы-«Атамекен», «Арнамыс», Социал-демократиялык, Демократиялык күчтөр Биримдиги партиялары, бир катар бейөкмөт, укук коргоо уюмдарынын башын кошкон.

Бу күнү, 949-жылы «Планеталар парады» болуп, 1462-жылы немец окумуштуусу, библиография илимин негиздөөчүлөрдүн бири Иоанн Тритхемий, 1844-жылы америкалык психолог, балдар психологиясынын негиз салуучусу Грэнвилл Холл, 1857-жылы айтылуу психиатор Владимир Бехтерев, 1905-жылы итало-америкалык физик, Манхэттен долбоорунун өкүлү Эмилио Сегре, 1931-жылы Россиянын биринчи президенти Борис Ельцин, 1928-жылы акын Абдылда Белеков, 1934-жылы жазуучу Качкынбай Сыдыгалиев жарык дүйнөгө келген.

Т. БАКИР УУЛУ: БАРЫМТАДАГЫЛАРДЫ БОШОТТУУГА БЕРИЛГЕН АКЧАНЫ БИЙЛИКТЕГИЛЕР БӨЛҮП АЛЫШКАН

Аманбек Жапаров,Бишкек Бүгүн акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу “2006-жылы Кыргызстандагы адам укуктарынын жана эркиндигинин абалы” тууралуу парламентте отчет берди. Анда өлкө атуулдарынын көпчүлүгү Ички иштер министрлигинин жана сот органдарынын мыйзамсыз иш аракеттери боюнча Акыйкатчы институтуна арызданышканы баса белгиленди. Жаза өтөө жайларындагы оор абал, кыйноолорго байланыштуу маселе да козголду. Айрым депутаттар Акыйкатчы институту коомдук уюмдар менен биргелешип иштебей жатканын эскертип, укук коргоочу бейөкмөт уюмдар акыйкатчынын милдетин аткарып калганын айтышты.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун айтымында, тартип коргоо кызматкерлери, сот органдары, прокуратура атуулдардын укуктарын жана эркиндигин коргоонун ордуна, тескерисинче букараларды басмырлап, кызмат ордунан кыянат пайдаланган фактылар көп кездешкен. Тартип коргоо органдары тарабынан укуктары тебеленген окуялар боюнча Акыйкатчы институту далилдүү документтерди даярдап сотко жолдогону менен андан эч бир майнап чыкпай келет, дейт Турсунбай Бакир уулу:

-Биз материалдарды сотко жеткирсек дагы, сот тарабынан ал иштер жабылып келип атат. Бул паракордук сот жана укук коргоо органдарында абдан мыкты өнүккөнүнөн кабар берет. Ошон үчүн биринчи милициянын үстүнөн, анан соттун үстүнөн көп түшкөн.

Турсунбай Бакир уулу убактылуу кармоочу жайлардын абалы оор экенин жана кыйноолорго жол берилип жатканын, жаза өтөө жайларындагылардын жашоо шартына мамлекет тарабынан кошумча жардам керектигин белгилеп, өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилген 170 жакын адамдарга өзүнчө түрмө куруу зарылдыгын айтты.

Акыйкатчынын иш аракеттерине суроо узаткан депутаттар 1999-жылы Баткен окуясында согушчандардын барымтасына кабылган жапон геологдорун бошотууга эки жарым миллион доллардын кимдерге берилгенине кызыгышты. Турсунбай Бакир уулу барымтадагыларды бошотууда жигердүү аракеттерди жасаганын, бирок каршы акча каражаттарын ошол кездеги кыргыз чиновниктери бөлүштүрүп алганын маалымдады:

- Улуттук коопсуздук комитетинин ошол кездеги жетекчиси Мисир Ашыркулов, ошо мезгилдеги коопсуздук кеңешинин катчысы Болот Жанузаков. Көбүнчө ыпылас иштерди ошол Мисир Ашыркулов жасаган. Анан ыраматылык СНБнын генералы атын айтпай эле коеюн, жакында эле ал аксакалдын көзү өтүп кетти. Дагы бир депутат маркум. Менин билишимче Тажик министри Мирзо Зиеевге кичине бөлүгүн беришти дагы, ал акчаны негизинен кыргыз чиновниктери бөлүп алышкан.

Акыйкатчы ошол мезгилде Өзбекстандын аба учактарынын бомбасынан Каратейит айылындагы каза болгон, талкаланган үйлөргө байланыштуу каргашалуу окуяга тиешелүү адамдар жоопко тартылбаганын эскертип өттү.

Айрым депутаттар Акыйкатчы институтуна караганда, кеңсеси жок бейөкмөт уюмдар адам укуктары боюнча жигердүү иш алып барып жатышканын белгилешти. СДПнын парламенттеги депутаты Роза Отунбаева Акыйкатчы институнун айрым иштерин сынга алды:

-Укуктуу бузуу боюнча ачык айкындык дегенди чынында эле ачыкка чыгардыңар. Бирок ошону аягына чейин аткарууда көп иш аракеттер болбой калды.

Отунбаева Акыйкатчы институтунун адам укугун коргоо жаатындагы бейөкмөт уюмдар менен биргелешип иш алып барбаганына макул эместигин билдирди.

-Турсунбай Бакир уулу сиз өзүңүз бейөкмөт уюмдардын иш аракеттерин сынга алып, “силер гранттарды жеп атасыңар, буларды жаап салыш керек” деген көз карашыңызга мен такыр макул эмесмин. Мына ошондой грантты Акыйкат институтуна сиз дагы алып келсеңиз болот эле. Мен билгенден жарандык уюмдар менен сиздин ортоңузда кандайдыр бир дубал болуп турду.

Айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн айтымында, акыйкатчы Турсунбай Бакир уулуна биргелешип иш алып барууну өтүнүшүп, буга чейин бир нече ирет кайрылышкан. Бирок алардын сунушу жоопсуз калган.

“Адамдын жана жарандын Конституциялык укуктарын, эркиндиктерин бузган, Акыйкатчы институнун ишине тоскоолдук көрсөткөн кызмат адамын жоопкерчиликке тартуу” жөнүндө парламент комитетинин сунушу киргизилип, “2006-жылы Кыргызстандагы адам укуктарынын жана эркиндиктеринин абалы” тууралуу маалымат боюнча парламент отурумунун соңунда токтом кабыл алды.

М. ЭШИМКАНОВ: ТОЛУК КАНДУУ РЕФОРМА ЖҮРГҮЗҮҮГӨ МЕНИН ДА КОЛУМ-БУТУМ ТУШАЛУУ БОЛУП ЖАТАТ

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Улуттук телерадиокорпорациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүү талабы менен 31-январда айрым кызматкерлер ачкачылык чарасын башташкан. Ошондой эле Мелис Эшимкановдун УТРКга жетекчилик кызматка келгенине 100 күн болду. Кабарчыбыз Замира Кожобаева УТРКны реформалоо ишинин жүрүшү, Улуттук телеканалдын маалыматтарды чагылдыруудагы мындан аркы саясаты боюнча Мелис Эшимканов менен маектешкен.

-Мелис мырза, сизди кызматтан кетсин деген талап менен ачкачылык чарасы болуп жатат. Буга кандай баа бересиз?

-Мен күткөн эле окуя бул, реформа эч качан оңой болгон эмес. Каршылыктар болот. Ушундай чоң, бир жарым миң киши иштеген коллективде баарына жакпайсың. Көрсөтүүлөрдүн көбү Эшимкановдун каалоосу менен эле эмес, көркөм кеңешинин, сырттан келип жаткан таланттуу адамдардын чечими менен көптөгөн берүүлөр жабылып атат. Көптөгөн мурда жыргап-куунап жашап жүргөн адамдардын бейиш доору уланбай калып жатат, жеген тамактарынан айрылып атышат. Нааразылык болот. Бирок мунун баарын мыйзам чегинде чечишибиз керек, алардын Конституциялык укуктарын мен сыйлайм. Мен аларды жаман көрүп, куугунтукка алайын деген оюм жок, бирок азыр биз бардыгын мыйзамдык негизде жасоого аракет кылабыз. Имараттын ичинде ачкачылык уюштурууга жол бербейм. Анткени УТРК жабык обьект болуп саналат. Сыртта, үйүндө же башка мэрия уруксат берген жерлерде уюштура берсин, ага эч кандай каршылыгым жок. Алар менен жолугуп, сүйлөшүүдөн мен качпайм.

-Сиз ушул күнгө чейин УТРКнын жетекчисинин милдетин аткаруучу бойдон калып жатасыз. Сизди бул кызматка бекитип берүүгө тийиш болгон Байкоочу кеңеш азыр өзү чачыранды болуп, иши үзгүлтүккө учуроодо. Бул атайын бийлик тарабынан жасалган саясат, деген пикирлер бар. Сиз буга эмне дей аласыз?

-Менимче, атайын деле жасалган саясат эмес. Муну парламенттен, Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнөн сураш керек. Менин дагы толук кандуу реформа жүргүзө албай жатканымдын себеби ошол болуп жатат. Алигүнчө милдетин аткаруучу болуп отурам. Көп милдет-укуктарымды азыр мен президенттен күтүп атам, эгерде мен толук кандуу жетекчи болуп кала турган болсом, ошондо чечилет да.

-Оппозициянын айрым мүчөлөрү жазында кайрадан элдин нааразылыгы күчөп, саясий кырдаал кайра курчуйт, деген божомолдорун айтып жатышат. Эгер андай боло турган болсо, сиз жетектеген УТРК кандай өңүттөн чагылдырат? Анткени өзүңүз деле билесиз, буга чейин митинг-пикеттерди бир жактуу берет деген нааразылыктар айтылып жүргөн..

-Бир гана өңүттө, мыйзамдык өңүттө гана чагылдырабыз. Буга чейин үч ай мен кандай чагылдырып келсем, ошондой болот.

-Декабрь айындагы парламенттик шайлоо учурунда УТРКнын ишине нааразылыктар болуп жатты..?

-Нааразылыктар болбой койбойт. Обого чыгалбай калгандар, рекламалык прайм-таймга чыгалбай калгандар соттошуп да жатышты. Атүгүл “Ата Мекен” партиясы соттон утуп алды. Дайыма эле баарына жага бербейсиң да. Жазындагы кырдаалдын курчушу болсо алар коркуткандай бир чоң толкундоолор, саясий бир күрөштөр болоруна мен ишенбейм. Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаровдорду мен чакырат элем: эл митингдерден, тирешүүлөрдөн эчак эле чарчаган. Андай бир калпыс жолдорго барып, биз азыр кайрадан стабилдүүлүккө доо кетиргенибиз жакшылык алып келбейт. Ал эми Улуттук телеканал баягы 24-марттын алдындагыдай бир эле Акүйдүн же бийликтин сөзүн сүйлөйт, деген позициядан алыспыз. Калыстыкты тутканга аракеттенебиз, бирок бардыгы ушул мага берилген укуктун, милдеттердин ченеминде.

-Улуттук телеканалдын деңгээлин эл аралык журналистиканын талаптарына жооп бергендей абалга жеткирүү үчүн эмне жетишпейт? Мисалы: кадрларды кыскартуубу, көп каражатпы же заманбап техникаларбы..?

-Сиз сурооңуз менен эле жооп берип койдуңуз. Албетте заманбап техникасыз болбойт, айлык акыны көтөрбөсөк, өкмөттүн бюджетинен акчаны кененирээк албасак.. эң негизгиси биз мобилдүү-динамикалуу менеджердик башкаруу жолуна түшпөсөк, биз эл аралык стандартка жетүүгө дагы.. билбейм, ушул бүгүнкү кебетебиз менен отура берсек, дагы жүз жыл керек. Ошондуктан, азыр кичине бир саясий эрк менен тарс-тарс эткен күчтүү-күчтүү чечимдер керек. Ал үчүн мен президент тарабынан, парламент, өкмөт тарабынан жардам күтүп отурам.

-Улуттук телеканал айрым эл аралык маалымат каражаттары менен кызматташып келе жатат. “Азаттык”, Би-Би-Си үналгылары башка толкундар менен бирге эле УТРКнын радиотолкундарынан угармандарына жетип жатат. Бул кызматташуу кала береби мындан ары да?

-Кызматташуу кала берет. Буга чейин эл аралык уюмдар тарабынан каражат азыраак берилип келиптир, биз аны көбөйтүүгө макулдашууга жетиштик. Мындан тышкары берүүлөрдүн форматтары, өндүрүштүк маселелер боюнча талкуулап алдык. Радиодон да, теледен да “Азаттык” да, Би-Би-Си да айрылбайт, биз өзүбүздүн демократиялык мүнөзүбүздөн кайтпашыбыз керек.

-Чоң рахмат маегиңизге!

“МЕН ИШЕНБЕЙМ” АКЦИЯСЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН СОТ ИШТЕРИ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Айгүл Жунушалиева, Бишкек 31-январда Биринчи Май райондук сотунда ”Мен ишенбейм...” акциясынын 6 мүчөсүнүн иши каралды. Парламенттик шайлоонун тыянактарына нааразы болгон “Мен ишенбейм...” кыймылынын 11 мүчөсүн 28-январда Жогорку Кеңештин алдынан милиция кармап, иштерин сотко берген. Аларга “нааразылык акцияларын өткөрүү эрежелерин бузду, милицияга каршылык көрсөттү” деген айыптар тагылган.

Биринчи Май райондук соту караган административдик сот ишине “Мен ишенбейм” иш чарасынын 11 мүчөсү тартылган. Аларга административдик кодекстин 371-392-беренелери боюнча “митинг жана пикет өткөрүүнүн эрежелерин бузган” жана “мыйзамга, милицияга баш ийген эмес” деген айып тагылган. 29-30-январда алардын жарымынын иши каралып, Айчолпон Асанбаева жана Сүйүнаалы уулу Адилет күнөөсү жок деп акталышкан. Мирсулжан Намазалиев 2000 сом айыпка жыгылып, калгандары 1000 сом айып төлөөгө милдеттеме алышкан.

30-январда Тилек Сыдыков, Айчүрөк Маматкадырова, Жоомарт Сапарбаев, Азамат Жаңыбаев, Айбек Бакасов жана Гүлшайыр Абдырасулованын үстүнөн сот иши каралып, аларга 1000 сомдон айып тагылды.

Айчүрөк Маматкадырова менен Гүлшайыр Абдрасулованын адвокаты Нурбек Токтакунов соттун чечими ал үчүн күтүүсүз болбогонун айтат:

-Мен ушундай болот го деп эле ойлогом. Сот милиция сыяктуу эле айрым адамдардын буйругун аткарып жатат. Бул иш укуктук эмес, саясий иш болуп жатат.

Соттун жүрүшүндө Бишкек шаардык мэриясынын жана Биринчи Май райондук администрациясынын өкүлдөрү акциянын уюштуруучулары иш чара тууралуу кат жүзүндө билдирүү жиберишкенин тастыкташып, бирок ал билдирүүдө Бишкек шаардык кеңешинин токтомунда каралган эрежелер сакталган эместигин айтышты. Ал эми “Мен ишенбейм” акциясынын дээрлик бардык катышуучулары ал токтом баш мыйзамга кайчы келе тургандыгын, андыктан аны бетке кармап, акциянын катышуучуларына административдик жоопко тартуу чекилик экенин айтышат. Акциянын катышуучусу Гүлшайыр Абдырасулова буларды айтат:

-Бүгүн биз жиберген билдирүү туура эмес болгон деп атышат. Тынч митингдерди өткөрүү боюнча токтом өзү Конституцияга туура келбесе, андагы нормалар дагы мыйзамсыз да. Андыктан биз жиберген билдирүүнү токтомдо жазылган эрежелерге төп келбейт деген туура эмес.

Дегени менен Биринчи май райондук ишчи иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Рустам Мамыров башкача ойдо:

-Ооба, бул балдар-кыздардын баары күнөлүү деп эсептейм. Анткени алар Бишкек Шаардык кеңештин токтомун аткарышкан жок. Жаманбы-жакшыбы токтом кабыл алынган соң баардык жарандар мыйзамга баш ийиши зарыл. Мындай жол менен бул иш-чаранын катышуучулары ал документти жокко чыгарта алышпайт.

Ошентип, “Мен ишенбейм...” иш-чарасынын катышуучуларынын үстүнөн сот иштери аяктады. Анткен менен акциянын катышуучулары соттун чечими менен макул эмес экенин айтып, эми Бишкек шаардык сотуна кайрылганы жатышат. Ал эми Гүлшайыр Абдрасулованын айтымында, “Мен ишенбейм...” акциясы да мындан ары улана берет.

УТРКда ЭШИМКАНОВГО КАРШЫ АЧКАЧЫЛЫК АКЦИЯСЫ БАШТАЛДЫ

Бүгүн Улуттук телерадиокорпорациясынын жыйырмага чукул кызматкери ачкачылык акциясын башташты. Алар УТРКнын учурдагы жетекчиси Мелис Эшимкановдун кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Акциянын катышуучулары жетекчилик кызматкерлерди жөнсүз себептер менен жумуштан кетирүү жана кызматынан төмөндөтүү аракеттерин жүргүзүп жаткандыгын айтып, күнөөлөп жатышат. Ал эми УТРКнын директорунун милдетин аткаруучу Мелис Эшимканов акцияны телекорпорацияны реформалоо жүрүп жаткандыгына жана жаңылануу жараянынын башталышына байланыштырды.

Улуттук телерадиокорпорациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүү талабы менен нааразылык акциялары болору тууралуу маалыматтар буга чейин да айтылып келген. УТРКнын айрым кызматкерлери жаңы жетекчилик көп жылдан бери иштеп келе жаткан кызматкерлерди жумуштан кетирип, алардын ордуна өз кишилерин коюуга аракет жасап жатат, деп күнөөлөшүүдө. Бүгүнкү УТРКнын имаратында башталган ачкачылык чарасынын уюштуруучуларынын бири, корпорациянын мурдагы вице-президенти Бейшенбек Бекешовдун “Азаттыкка” айтканы боюнча Мелис Эшимканов кызматкерлерди иштен мыйзамсыз кетирип жатат:

-Жалаң реформа деп коюп, өзүнүн жакын эжелерин, агасын апкелип жатат. Мисалы Тамара Жаманбаева элүү жыл иштеп, жасабаган реформаны эми жасайбы? Жыйырма жыл КТРди жетектеп туруп жарытпаган Мамбетакунов эми келип жыргатып иеби? Реформа деген жөн эле эки жүздүүлүк болуп жатат.

Бейшенбек Бекешов атаган эски кызматкерлердин бири Молдосейит Мамбетакунов жаңылануу шарапаты менен УРТКда чыгармачылык-техникалык бөлүмдүн аткаруучу директору болуп дайындалган. Мамбетакунов бүгүн ачкачылык акциясына чыгып жаткандар өз кезегинде КТРди реформалоого, элге түз, ачык маалыматтарды жеткирүүгө бут тоскон деген пикирин билдирди:

-Жыйырма жыл мен ушул жерде иштеп, реформа жасай
албасам, ага Бекешовдун да күнөөсү бар. Анткени ал менин кол алдымда иштеген, ал журналист болчу. Мына ушул Бекешовго окшогондордун айынан жакшы реформа жүргүзө албай калган болушум керек.


Молдосейит Мамбетакуновдун сөзүн ачкачылык акциясынын катышуучусу, “Кутман таң” программасынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Жумаев төгүнгө чыгарды. Анын айтуусунда дал ошол эски жетекчилердин тушунда КТР маалыматтарды туура бербейт, деген дооматтар болуп, элдин нааразылыгын туудурган:

-Акаевдин убагында КТРге ишенич жок болуп, эл мамлекеттик 1-телеканалга ишенбей калган. Бул дагы Жалалабаттагы нааразылыктын күчөшүнө, революциянын чыгышына чоң себеп болгон,
-дейт Алтынбек Жумаев.

Ачкачылыкка чыккан кызматкерлер менен УТРКнын жетекчисинин орун басары Эрнис Кыязов жана жооптуу кызматкер Түгөлбай Казаков чыгып сүйлөшүштү. Бирок акциянын катышуучулары талабы аткарылмайынча ачкачылыкты токтотпой тургандыгын билдиришти.

УТРКнын жетекчисинин милдетин аткаруучу Мелис Эшимканов нааразылык иш-чарасын корпорацияны жаңылоо, реформа жүргүзүү саясатына байланыштырды. Анын айтуусунда УТРКны жакшыртуу, берүүлөрдүн сапатын көтөрүү максатында жүргүзүлүп жаткан иш айрым бир кызматкерлер тарабынан бут тосууга дуушар болууда:

-Бир жарым миң кишинин баарына жагып, тил табышуу кыйын. Анын үстүнө Улуттук телеканалда жердешчилик, кландык жана башка коррупцияга аралашкан оорулар бар экен. Албетте бирөөнүн оозунан эле жеп аткан тамагын Эшимканов жулуп алса, нааразылык болот. Мен ушундан эле билгим келет: Улуттук телеканалдын жамааты реформага даярбы, жокпу? Даяр болсо ким даяр, кимдер баягы эле эскичесинен Бекешовду ээрчип жүрө беришет.. Мен бардыгын таразалап, адамгерчилик чекти тебелебөөгө аракет жасадым.

Мелис Эшимканов УТРК жабык обьект, ошондуктан түрдүү нааразылык акциясын имаратта өткөрүү туура эместигин белгилеп, имараттын ичинде ачкачылык жарыялап отургандарды сыртка чыгаруу тартип коргоо органдарынын иши, акцияны Максим Горький паркына барып улантыш керек, деп билдирди. Ал түштөн кийин ачкачылык акциясынын катышуучуларына кайрылып, аларга УТРКнын имаратынан чыгып кетүүгө он күндүк мөөнөт берди.

Ал эми ачкачылык акциясынын катышуучулары Мелис Эшимкановду кызматтан алууну өтүнгөн кайрылуусун президент Курманбек Бакиевдин атына жолдошту.

"БОЗ САЛКЫН" ЖАНА ТАЖИК ТАСМАЛАРЫ ФРАНЦИЯДА

Ушул күндөрү Франциянын Везуль шаарында тажик тасмаларына өзгөчө басым жасалган Азиялык филмдер фестивалы өтүп жатат. Мурдатан кыргыз, казак тасмалары да көрсөтүлүп келген бул франциялык ири кароодо быйыл башкы сыйлыкка коюлган фильмдердин арасында Кыргызстандан "Боз салкын" да бар.

Парижден 300 чакырым аралыкта жайгашкан Везулдагы фестиваль азиялык фильмдердин Франциядагы эң ири кароосу катары таанымал. 29-январда башталган быйылкы фестивалда Тажикстандан 10 чакты тасмага атайын орун берилүүдө. Эмне үчүн тажик фильмдер деген суроого фестивалдын директору Жан Марк Терруан буларды билдирди:

- Биз Римдеги Азиялык фильм фестивалга барганда, тажикстандык белгилүү режиссер Сафарбек Салиев менен таанышып калдык. Ошондо Везулдагы биздин фестивалдын 14-жолкусунда тажик фильмдерине басым жасоону чечтик.

Теруан сөз кылган Сафарбек Салиев Дүйшөмбү калаасы менен катар, Бишкекти да өз үйү деп санаган жердешибиз болуп саналат. Ал Везул фестивалында калыстар тобунун мүчөсү, ошол эле убакта ал өзү менен кошо 2006-жылы тартылган "Күтүү календары" деген толук метраждуу фильмин , 2002-жылкы "Үйлөнүү шакеги" аттуу кыска метраждуу тасмасын, жана "Ашаглон”, "Нисур" деген даректүү фильмдерин ала келди.

Фестивалдын катышуучулары мындан тышкары "Памирдин балдары" деген Владимир Мотылдын 1963-жылы тартылган өтө поэтикалык тасмасын, Борис Кимиагаровдун эпикалык "Рустам менен Сухрабын", Валерий Ахадовдун жеке адамдын ички дүйнөсүн сүрөттөгөн, бир эле мезгилде сырткы идеологиялык кысымды чагылдырган 1983-жылкы "Үй-бүлө сырларын", кийинки муундун өкүлү Бахтиор Худайназаровдун эл аралык 9 сыйлыкка татыган "Братан" тасмасын жана башка фильмдерди көрүүгө мүмкүнчүлүк алышууда.

Везул кароосунун уюштуруучусуна ылайык, мындан тышкары, фестивалдын башкы сыйлыгына көрсөтүлгөн тасмалардын арасында казак режиссеру Абай Көлбайдын айылдык жаш кыздын Алматыдагы кыйынчылыктары тууралуу "Стриж" тасмасы жана Кыргызстандан Эрнест Абдыжапаровдун белгилүү "Боз салкын" тасмасы бар.

Синема Азие өз күйөрмандарына буга чейин да Борбор Азиядан башка фильмдерди тартуулап келишкен. Везулдагы фестивалдын жетекчиси Теруан мындай дейт:

- Мен жубайым менен бул фестивалды мындан 14 жыл мурда жаңы негиздегенде Борбор азиялык фильмдер жана режиссерлер менен алгачкы жолу таанышкам. Советтик доордогу жана көз карандысыздык мезгилинде тартылган тасмалар мен үчүн өзүнчө бир ачылыш болуп калды. Алгачкы жылдардан тартып биз түркмөн, казак, кыргыз, тажик тасмаларын көрсөтүп келатабыз.

Кыргызстандагыдай эле Тажикстанда кино советтик доордо, 1930-жылдары пайда болгон. Тажик-кино 1932-жылы негизделген. Алды менен кино студияны орустар башкарганы менен, 1934-жылдан тартып тажиктердин арасынан жетекчилер чыга баштаган. Тажик киносунун башатында Борис Кимиагаровдун 1946-жылкы "Тажикстан" деген атактуу даректүү фильм болгон. 1960-жылдары бардык советтик жумурияттардагыдай эле, Москвадагы атактуу ВГИК институтунун бүтүргөн жаңы муундун өкүлдөрү келди. Мына ушул агым менен Тажикстанга келген орус режиссеру Владимир Мотыл 1963-жылдагы "Памирдин балдары" менен көптөгөн тажик режиссерлорун шыктандырган.

2008-ЖЫЛ – ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЖЫЛЫ БОЛУП ЖАРЫЯЛАНДЫ

Бүгүн Президент Курманбек Бакиев “2008-жылды - Чыңгыз Айтматовдун Жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Атактуу кыргыз жазуучусунун улуттук жана дүйнөлүк маданий мейкиндикти өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон зор салымын, ошондой эле көп тараптуу үзүрлүү коомдук-саясий ишин эске алып, мамлекет башчы ушундай деген чечим кабыл алды. Ошондой эле Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы бекитилди. Уюштуруу комитетине жогоруда көрсөтүлгөн мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын бир айлык мөөнөттө иштеп чыгуусу тапшырылды. Ошондой эле Өкмөткө мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө финансылык каражаттарды табуусу тапшырылды.

“МЕН ИШЕНБЕЙМ...” АКЦИЯСЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН ҮСТҮНӨН СОТ ИШИ УЛАНУУДА

Эдил Сапарбек уулу, Бишкек «Мен ишенбейм…» кыймылынын мүчөлөрүнүн үстүнөн сот иши кечээ да каралды. Биринчи май райондук соту 28-январда баштаган административдик иш боюнча отурумга аталган кыймылдын он бир мүчөсү тартылган. Учурда алардын ичинен бешөөнүн иши соңуна чыгып калгандарыныкы айрым белгилүү себептерден улам бүгүнкүгө жылдырылды.

Биринчи Май райондук соту 28–январда баштаган административдик иш боюнча отурумда кыймылдын мүчөсү Жибек Исмаилованы “нааразылык акцияларын өткөрүү тартибин бузду” деп 1000 сом айып салды. 29 – январь күнү сот иши уланып, анда дагы төрт айыпталуучулардын иши каралып сот өкүмүн чыгарды. Алар, эки миң сом айып төлөөгө милдеттендирилген Мирсулжан Намазалиев, бир миң сом айыпка жыгылган Азамат Мусакеев жана күнөөсү жок деп акталгандар Айчолпон Асанбаева, Сүйүнаалы уулу Адилеттер болушту. Айыпталган активист Мирсулжан Намазалиев сот өкүмүн моюндабай турганын айтып, сот акыйкатсыздык менен өтүп жатат деген пикирин билдирди:

-Бүгүнкү соттук иш чынында эле спектакль болуп калды. Себеби пикет, митингдер боюнча Шаардык кеңеш чыгарган токтом Конституцияга дал келбейт жана ошол тууралуу арыздар шаардык сотто, Конституциялык сотто каралып жатат деген биздин ходатайстволорду, отводторду көзгө илбей ишин улантып жатты. Анан ошол бойдон эле чечим чыгарып салды.

Жоопко тартылып жаткан калган алты жаш жарандардын сот иши бүгүнкүгө калтырылды. Анткени орган өкүлдөрүнүн коюп жаткан кинелеринин бири аталып жаткан акцияны өткөрүүгө уюштуруучулар эч кандай билдирүү берген эмес десе, мындай билдирүү эки апта мурун Шаардык мэрияга тапшырылгандыгы тууралуу кагазды айыпталып жаткандар соттун столуна ташташты. Айыптарда карама-каршылык пайда болгондуктан сот ишти жылдырууга аргасыз болду.

-Бул иш боюнча үч киши чакырылмай болду. Мэриядан чакырылат жана Биринчи Май райондук администрациясынан бизге уведомление түшкөн эмес деген Кузнецов чакырылат,-деп билдирди Гүлшайыр Абдирасулова.

Деген менен митингдерден конкреттүү иштерге өтүүгө убакыт келди деген пикирлер да байма бай айтылууда. Маселен Жогорку Кеңештин эң жаш депутаты Максат Кунакунов “Азаттыкка” курган маегинде “Мен ишенбейм...” иш чарасын уюштуруп жаткан жаштар өз демилгеси менен чыгып жаткан өңдөнбөйт деген ойдо. Анын айтымында, алар азыр “оппозиционербиз” деп аталган он чакты адамдын куралы болуп жатышат.

-Митинг, пикеттердин өтүшү тышкы саясатта Кыргызстан стабилдүү эмес өлкө экендигин көрсөтүп, сырт жактан инвестицияларды тартууга жолтоо болот. Менимче азыр конкретүү кадамдарды жасачу кез келди. Ал эми жаштардын кармалышы туурабы, туура эмеспи аны сот чечет.

“Мен ишенбейм...” акциясынын мүчөлөрү 28–январда Жогорку Кеңештин алдына барышкан. Алдын ала берген маалыматтарда алар ал жерде пикет, митинг же башка акция болбойт, жөн гана “Мен ишенбейм..” деген жазуусу бар желимкагаздарды баштыктарына, кийимдерине чаптап Жогорку Кеңештин имаратынын алдында сүйлөшүп турабыз деп билдиришкен эле. Мындай иш-чара аркылуу парламент депутаттарына алардын легитимсиз, мыйзамсыз келгендигин көрсөтүүгө аракет кылышкан. Эми аларга мыйзамга баш ийген жок жана нааразылык акцияларын өткөрүү тартибин бузду деген кине коюлуп, Административдик кодекстин 371, 392-беренелери боюнча жоопко тартылып, административдик иш козголгон.

УТРКнын БАЙКООЧУЛАР КЕҢЕШИ ӨЗ ИШИН КАЧАН БАШТАЙТ?

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу УТРКны реформалоо, коомдук теле көрсөтүүгө айлантуу максатында түзүлгөн Байкоочу кеңеш ишин баштабай жатып, ыдырап кеткени белгилүү. Анын он чакты мүчөсү мүчөлүктөн кеткен соң, кворум болбой, Байкоочу кеңеш чечим кабыл ала албай калган. Кеңештин мүчөлөрүн парламент эми кайра толукташы керек. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Байкоочу кеңештин мүчөсү Исмаилжан Шайбеков жооп берди.

-Байкоочу кеңеште кандай өзгөрүүлөр болуп жатат? Курамды толуктоо маселеси парламентте качан каралчудай?

-Бардыңыздарга белгилүү, өзүңүз айткандай, биздин сегиз мүчөбүз шайлоонун алдында катарыбыздан “кеттик” деп жарыя кылган эле. Жаңы шайланган Жогорку кеңештин бизге тиешелүү комитетинин төрагасы азыр Иса Өмүркулов болуп калды. Мен башка мүчөлөргө аны менен жолугуу сунушун киргиздим. 14-январда ал киши бизди кабыл алды. Биз өзү негизи бешөөбүз барбыз, бешөөбүздөн бирөө ооруп калып, төртөөбүздү кабыл алды. Ал өзүнүн оюн айтты “Жогорку кеңеш сиздерди сөзсүз колдойбуз, бирок эртең келгиле, 15-январда силерге тиешелүү документтерди берем” деп убада кылды. Кийинки күнү саат 3кө бардык эле, эмнегедир алардын чечими өзгөрүп, бизге тиешелүү деген күбөлүк бере алган жок. Бирок биз аларга айттык, “мыйзам боюнча, Байкоочу кеңештин мүчөлөрүн силер толукташыңар керек” деп. Мына Арабаев Автандил Жогорку кеңештин депутаты болуп калды, Керим Турапов ошол кезде депутат болгон болгон, азыр эми тапшырды, ал эми Ибраева деген кызыбыз КТРдин аппарат башчысы болуп, ишке өткөндүгүнө байланыштуу, мыйзамга ылайык, Байкоочу кеңештин курамынан чыгышы керек. Калган адамдар болсо, “биз кеттик” деген бойдон, биздин курамыбызга келе элек болчу. Ошолор менен иш алып барбайсызбы деген сунушубузду бердик. Өмүркулов ошол эле жерде өзүнүн бөлүм башчыларына тапшырган экен, “кеттик” деген адамдар менен байланышканда, алардын бардыгы кайра өздөрү курамга келип, иштей тургандыктарын билдирип, 17-январда эртең менен мен ошол адам менен жолуктум, ошол “кеттик” деген беш адам менен Жогорку кеңешке кайра барып, “биз өзүбүздүн курамыбызда иштейбиз” деген арызга кол коюп, бул арызды мен атайын Жогорку кеңештин Каттар бөлүмүндө регистрациядан өткөрүп, комиттетин бөлүм башчысына Атамбаев Кудайберген Бектуровичтин катышуусунда өз колум менен тапшырып, ошол күнү менде бул жака учуп кете турган билетим бар эле, эртең менен баса бергем.

-Кайра кетип келип жатабы эми ошол адамдар?

-Жогорку кеңештин комитетинин бөлүм башчысы ушундай сөз берген: “сиздер бара берсеңиздер, биз 10 күндүн ичинде силерге кабар беребиз. Он күндүн ичинде бардыгыңарды чогултуп, күбөлүктөрүңөрдү колуңарга тапшырабыз” деген сөз берген эле. Бүгүн мына 12 күн болду, андан бери эч кандай байланыш жок.

-Исмаил мырза, бул иштин кечеңдеп жатышына эмне себеп болууда?

-Бардыгыңыздарга түшүнүктүү да, бул жерде саясий көшөгө болуп жатканын мен ачык эле айта алам.

-Сиздер мына УТРКнын редакциялык саясаты боюнча жобонун үстүндө иштеп жатканыңар кабарланган эле. Бул иш аягына чыктыбы?

-Албетте, мына менин колумда төрт документ турат. Биз ушул кезге чейин чечим кабыл ала албасак дагы, колубуздан келишинче, өзүбүздүн иштерибизди аткарып жатабыз. Мына биринчи кеңештин регламентин биз 19-октябрда кабыл алганбыз. Андан сырткары, мына УТРКнын уставынын долбоору, башкы деректирди шайлоонун жобосун, анан өзүңүз айткандай, редакциялык принциптер боюнча иштерди биз аткарып койгонбуз. Эми буларды кабыл алуу үчүн бизде кворум болбогондуктан азыр кабыл ала албай жатабыз. Эми бул адамдарыбыз кайра келип кала турган болсо, биз бул долбоорлорду коебуз дагы, кабыл алууга киргизебиз.

-Маегиңиз үчүн рахмат.

М. КУНАКУНОВ: ҮЧ ДЕҢГЭЭЛДҮҮ БЮДЖЕТ КАБЫЛ АЛГАНЫБЫЗ ТУУРА

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу Бүгүн Жогорку Кеңештин Экономика, бюджет жана каржы боюнча комитети быйылкы жылдын бюджетинин долбоорун кеңейтилген жыйында караган жатат. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Жогорку кеңештин депутаты, аталган комитет төрагасынын орун басары Максат Кунакунов жооп берди.

-Ошентип, Кыргызстан быйыл эки деңгээлдүү бюджеттен кайрадан үч деңгээлдүү бюджетке өтүп жатат. Айрым депутаттар учурунда муну кайра артка кетүү катары баалашкан эле. Сиздин баамыңызда, быйылкы бюджет долбоорунун өзгөчөлүгү эмнеде?

-Биринчиден, өзгөчөлүгү ушул - үч жылдык компонент боюнча пландаштыруу болуп жатат. Бул 2008-2010-жылдар ичинде биздин чыгаша бөлүмү жагын дагы пландаштыруу, президенттин өзүнүн айткан кайрылуусунан кабыл алынган, койгон максаттарга жетишүү боюнча дагы пландаштырылып жатат. Бул пландаштыруу жагы абдан туура деп эсептеп жатам. Анткени мурунку жылдары биздин көбүнчө өзүбүздүн чыгаша бөлүкчөлөрүбүз, киреше жактарыбыз дагы плансыз кетип жатчы. Азыркы учурда пландаштырып, прогноздорун эсептеп алсак, бул туура нерсе деп эсептейм. Үч тепкичтүү бюджетти кабыл алып жатканыбызды мен артка кетүү деп эсептебейм. Себеби биз былтыркы жылдары эки деңгээлдүү менен иштеп көрүп, анализдерин мен карап көргөм. Биринчиден, биздин Кыргызстан эки деңгээлдүү, эки тепкичтүү бюджетти кабыл алууга даяр эмеспиз, жакшы адисттер аз. Экинчиден, үч деңгээлдүү бюджет көбүнчө ушул пландаштыруу жагы туура болуш үчүн болуп жатат. Кээ бир биздин аймактарда бюджети көбөйүп, айрым айылдарда бюджети азырак болуп жатат. Ошондуктан бизге бир деңгээлде бөлүштүрүү боюнча, пландаштыруу боюнча үч деңгээлдүү бюджет кабыл алганыбыз абдан туура деп эсептейм.

-Быйылкы бюджеттин киреше-чыгаша бөлүктөрү, инфляциянын пайызы кандай болууда? Өткөн жылдан айырмасы канчалык?

-Инфляция пайызы 2006-жылды айтсам, 5.1 пайыз болгон. 2007-жылдын прогнозу боюнча, 20.1 пайыз болуп жатат. Алдын-ала божомолдоо боюнча, 2008-жылы 12 пайыз инфляция болгон жатат. Мен бюджет жагын дагы айтып коеюн. 2006-жылы 29 миллиард болсо, быйылкы жылы 48.7 милиард болгон жатат. Бул жакшы көрүнүш го деп ойлойм.

-Бюджеттин киреше бөлүгү кайсы жактан алынууда? Дегеле бул канчалык реалдуу?

-Биринчиден, салык жактан алынган киреше бар. Акцизный налогдор, доходный жагы 36 миллард болуп жатат да. Салыктан 29 миллиард түшуп жатат. Салык кодекси боюнча, президент өткөндө өзүнүн кайрылуусунда дагы айтпадыбы, “салык кодексин карагыла, ошону бир өзгөртүү керек” деп. Мен ойлойм, бизге быйыл жаңы парламент келип, ошондой салык, каржы жактарын карап туруп, жаңы мыйзамдарды кабыл алсак, андан кийинки жылдары ошол киреше жактарын көбөйткөнгө аракет кылабыз.

-“Кумтөр” алтын кени боюнча келишим бекий электе эле бул кенден алынчу киреше долбоорго киришине көпчүлүк депутаттар каршы болуп жаткандай. Буга кандай көз караштасыз?

-Эми мындай, “Кумтөрдүкүн” биз баары бир кабыл алышыбыз керек деп эсептейм. Бирок кандай шарт менен – мына ушуну карап чыгышыбыз керек болуп жатат. Ошондуктан бул пландаштыруу боюнча киргизилип калып атат бюджетке. Бул киргизилиши керек деп ойлойм. Анткени караш керек, келе турган кирешелердин бардыгын эсептеп чыгышыбыз керек.

-Маегиңиз үчүн рахмат.

КЫРГЫЗСТАНДЫК АДВОКАТ САИДКАМОЛ АХМЕДОВДУН ΥСТΥНӨН СОТ ЖАРАЯНЫ УЛАНДЫ

Бириккен Улуттар Уюму качкын макамын ыйгарган кыргызстандык адвокат Саидкамол Ахмедовдун үстүнөн сот жараяны 30-январда уланды. Судья Бурханидин Нурмаматов соттолуучунун, жактоочуларынын жана күбөлөрдүн ишти өндүрүштөн кыскартып, айыпталуучуну актоо өтүнүчүн четке какты. Ошол эле убакта мамлекеттик каралоочуну, жабырлануучуну кубаттаган түр көрсөттү.

Айыпталуучу Саидкамол Ахмедов анын ишинде кылмыш курамы жоктугунан улам кыскартып, муну жарандык тартипте кароого жөнөтүүнү төрагалык кылуучу судьядан өтүндү:

- Жарандык кодекс боюнча доверенность берген адамдан доверенность алган адамдын ортосунда бир гана жарандык сот карайт, - деди Саидкамол Ахмедов.

Ушундай эле талапты Ахмедовдун жактоочулары, башка күбөлөр да колдошту. Ошол эле учурда мамлекеттик каралоочу Мамат Казыбаев соттолуучунун айыбын кайрадан угузуп, ага жаза чектөө керектигин ачыктады:

- Соттук кол жазууну салыштырып изилдөө экспертизасынын кортундусуна ылайык Курулбаевдин атынан жазылган арыздагы кол ага таандык эмес экени аныкталган. Ахмедов Жогорку соттун чечимин алып келип, Ош шаарындагы бажы бөлүмүнө барып, ал жерде Курулбаевдин берген ишеним катынын негизинде Курулбаев Анжиянга таандык мотивирующий 4 миң сом акчаны өзү кол коюп алган. Биз соттук кароодо уттуруп койдук деп алдап, анын ишеничине кыянаттык кылып кирип, өз кызмат абалынан пайдаланып 4 миң сом акчасын өз кызыкчылыгына жумшап жок кылган.

Жабырлануучу Ганыжан Хурулбаевдин коомдук жактоочусу Төлөн Дыйканбаев адвокат Ахмедов милицияда иштеген мезгилинде көбүнүн убалына калган, ошол себептүү анын орду түрмөдө деп эсептейт:

- БУУнун качкыны деген статус алыптыр. Качкын деп статус алганда эмне Өзбекстанга качабы. Бардыгыбыз Өзбекстандын кандай мамлекет экенин билебиз. Бул жерде жөн гана реклама кетип атат. Эмнеге милициянын экс подполковниги өзүнүн өмүрүндө ондогон, жүздөгөн адамдарды темир тордун артына жөнөткөн, 30 жыл каматып жүрүп эле анан азыр укук коргоочу болуп калабы?

Төрагалык кылуучу судья Бурханидин Нурмаматов Ахмедовдун өзүнүн, жактоочуларынын, күбөлөрдүн өтүнүчүн четке кагып, «жабырлануучу Хурулбаевди дагы урушуп, опузаласаңар, чара колдоном!» деп эскертти:

- Эскертип коеюн ушул жердеги туугандары, келген күбөлөр эгер Курулбаевге дагы ушундай нерселер боло турган болсо, анда сот өзүңүздөргө чара колдонушу мүмкүн. Сот чечет бул ишти.

Жараянга башынан бери катышып жаткан «Адилеттүүлүк» бейөкмөт уюмунун төрайымы Валерия Гриценко судьянын бир жактуулугун кескин сындап, кокус айыптоо өкүмү чыкса, Кыргызстандын дүйнөлүк аброюна көлөкө түшөөрүнөн шек санабайт:

- Судья Нурмаматов соттолуучуну, жактоочуларын жана күбөлөрдү кагып-силкип, өтүнүчтөрүн четке кагып, ошол эле учурда жабырлануучунун жана мамлекеттик каралоочунун ар бир кебине маани берип, Ахмедовду жалаң жаманаттоо жагына ыктагандыгы кабатыр кылат. Демек, кандай өкүм чыгарары да белгилүү болуп калды өңдөнөт. Кокус Бириккен Улуттар Уюмунун мандаттуу качкыны кесилип кетсе, мунун өзү Кыргызстандын дүйнөлүк аброюна шек келтирээри анык.

Материал обого даярдалып калганда, судья Бурханидин Нурмаматов соттук териштирүүгө танапис жарыялагандыгы белгилүү болду. Жергиликтүү талдоочулар бул маселеге жакынкы күндөрдө чекит коюлаарынан күмөн санашууда.

“ЕВРОРЕМОНТУ БАР МҮРЗӨ САТЫП АЛАМ”

“Общественный рейтинг” гезити мына ушундай темадагы макала жарыялады. Ошентип Бишкектин түштүк тарабына 8 жаңы кичирайон курмакчы болушту дейт макаланын автору Елена Щукина, сейсмологодор болсо борбордун дал ушул түштүк бөлүгү коркунчтуу, бул жерде 9 баллдык жер силкинүү болот деп айтышууда. Ал эми архитекторлор менен куруучулар буга макул эмес. Алардын далилинде азыркы заманда 9 баллдык жер титирөөгө туруштук бере турган жаңы курулуш технологиялары жетиштүү. Кимисине ишенсе болот? Сейсмологдоргобу же архитекторлоргобу?

Сейсмологдор Кыргызстанда эң катуу жер титирөө акыркы жолу 1885-жылы катталып, анын залакасынан 21 километрге чейин созулган жарака пайда болгонун, ошондогу жер силкинүүдөн Сокулук, Беловодск, Александровка, агездеги Пишпек шаары толугу менен кыйраганын... Ошол зилзаланын "Ысык Ата жаракасы" деген атты алып жүргөн очогу эми жүз жыл өткөндөн кийин кайрадан жанданып, жер силкинүү 2011-2013-жылдары кайрадан кайталанышы мүмкүн деп коңгуроо кылып кагып чыккан макала, кезинде борбор шаардын дал ушул түштүк тарабы калаанын дем ала турган өпкөсү деп аталып келсе эми мына ушул дайыма тоонун салкын абасы согуп турган бак-дарактардын ордун көп кабаттуу үйлөр баса турган болду, Кыргызстан бир карасаң баягы Советтер Созунун башкаруу учурун элестете баштады, ошол доордун иш ыкмаларына окшоп, жеңиштүү бүтүрдүк деп рапорт бермейлердин артынан түшүп алгансыйт, бирок ошол эле учурда миңдеген адамдар үй-жайсыз жашап, дагы канчалагандар жер титирөөнүн кесепеттеринен жашап турган үйлөрүнөн ажыроодо деп жазды.

Ушул эле гезит Жогорку Кеңеш парламентарийлеринин арасында мыкты адамдар көп экенин, бирок алар булганч технологиялардын курмандыгы болуп, бийликтин айткан-дегенине аргасыз жүгөндөлүп олтурганын, кандай гана мамлекетте болбосун бийлик менен легалдуу саясый күрөшө турган оппозициянын жок болушу, дүйнөлүк тарых мисалы тастыктап келаткандай, революциянын чыгышын шарттаарын, мамлекетте ички туруктуулук камсыз кылынбаса тыштан коркунуч боло берерин, 2008-жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард кубометр сууга азайып, анын айынан өлкө 100-150 миллион доллардан кол жууганын, үстүбүздөгү жылы пенсионерлердин саны 90 миңге жетерин, Кыргызстанда Кытайдын 8 миңге жакын жараны мыйзамсыз жашап келатканын, кыргыз тарап жакында өзбектерге барып газ сатып алуу маселесин койуп жатып, өзбек коңшуларга жадакалса “ошол силер бизге сатып аткан көгүлтүр отту өзүбүздүн Кадамжай районунан сордуруп алып келатпайсыңарбы, анан өз газыбызды өзүбүзгө жыл сайын кымбат сатканыңар кудайга жага турган ишпи, айланайындар!”, деп айтканга жарабаганын, өзбектердин бизге сатып жаткан газынын баасы 2006-жылдан бери 3 эсеге кымбатташы кыргыз тараптын туура эмес позициясынын жемиши экендигин, Кыргызстан бүгүн газ менен нефти продуктыларына кандай муктаж болсо Өзбекстан менен Казакстан суу, электр энергиясына ошондой эле муктаж экендигин маалымдады.

“Де-факто” гезити “Ата Мекен” париясынын лидери Ө.Текебаевдин гезиттин “түз байланышына” берген жоопторун басты. Текебаев сенсациялуу дагы бир окуяны шардана кылды. Анын айтуусу боюнча буга чейин эл ичи уу-дуу болуп барып токтогон, селсаяктын кесилген кулагы менен сөөмөйүнүн “белекке” берилбей калган бөлүгү мурда өлкөнүн матрезерв дегенин жетектеп келген Жумакадыр Нуржановго “тартууланганын”, ошентип Петухов аттуу селсаяктын экинчи кулагы менен сөөмөйүн “белекке алары” менен Жумакадыр Нуржанов Кыргызстандын антимонополдук комитетинин башчылык кызматына барып олтуруп калганын белгилеген Текебаев мырза, бийлик куласа оппозициядан эмес, так ушундай кулак кесип, сөөмөй белекке бермей “оюндарынан” кулаарын, жакында Кыргызстандын стратегиялык байлыктары болгон электр энергетика, газ, көмүр тармактары, “Кыргыз аба жолдору”, “Кыргыз темиржолу”, ”Кыргызтелеком”, ТЭЦтери тез арада сатылганы жатканын, бүгүнкү парламент анын сатылышын бүк түшүп колдоорун, ошол эле учурда өкмөт башчысы И.Чудинов “Дастан”, “Кыргызнефть” АКсын орусиялык ишкерлерге сатуу оюн айтып, анысын четинен ишке ашырып киргенин айтып чыкты. Гезит мындан тышкары “Муратбек Мукашевдин экинчи бутун ким сындырат?”, “Темир Сариевге киллер жалдандыбы?, “Курманбек Салиевич, кан кудаңыз курутту”, “Басып алууга барбайбыз, бирок Бакиевди кетүүгө мажбур кылабыз”, “Субаналиев губернатор болсо, Айтикеев соттолууда” деген макалаларын жарыялады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

МОСКВАДА БИР КЫРГЫЗ, БИР ӨЗБЕК АТУУЛУН БЫЧАКТАП КЕТИШТИ

Муса Мураталиев, Москва Москвада шейшемби күнү шаардын түштүк тарабында моюну жана бети-башы көгөргөнчө токмок жеп өлгөн кишинин денесин кечке жуук таап алышкан. Текшере келгенде ал Өзбекстандын атуулу болуп чыккан. Ошол эле күнү Москванын түндүгүндө да кимдир бирөөлөр Кыргызстандын эки атуулуна кол салып, аларды бычактап кеткен. Алардын бири ошол жерде жан берген. «Сова» анализдөө борбору билдиргенге караганда улутчул жаштардын өңү бурууларга кол салуусу мурунку жылга салыштырганда быйыл күчөгөн.

Орусияда каратып туруп славянга окшобогондорду союп кетүү адатка айланып калды. Шейшемби күнкү жаш орус өспүрүмдөрдүн кыргыз уланы Марат менен кыргыз кызы Элизага кол салуулары ошондой көрүнүштүн бири.

Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым жана атайын элчиси Раимкул Аттокуров буларды айтты:

-29-январь күнү кечки саат сегиз ченде, Түндүк Медведково районунда Шакальский проезд көчөдөгү 67-үйдүн жанында, биздин жарандарыбыз 1987-жылы туулган Эргешова Элиза жана 1986 жылы туулган Акматов Марат Эсенбекович бара жатышканда үч жаш жигит бычактап кетишиптир деген маалымат алдык.
Угаарыбыз менен биз, элчиликтин өкүлдөрү Медведково районуна ал жердеги ички иштер кызматынын башчылыгына барып маалымат алууга аракет жасадык. Азыркы такталган маалымат боюнча Акматов Марат Эсенбекович ошол кайгылуу окуя болгон жерде жан берген. Эргешова Элиза – Склифосовский атындагы ооруканасында жатат. Анын жанында апасы бар. Апасын таап эртең менен алып барып келдик. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп аны тергөөчү – Алексеева Татьяна Валерьевна колго алды. Ал киши Медведково аймагы боюнча адис. Азырынча окуянын улуттук жек көрүүчүлүктөн уламбы же жайынча кылмыштуулукпу айтууга мүмкүнчүлүк жок.


«Азаттык»: Элчи мырза, өзүңүз билесиз, ушундай жоруктар көп жолу кайталанып атат, айрыкча Москва менен Питерде күч. Ушул маселе боюнча орусиялык өкмөткө, ачык айтып бийликке бул кылмыштын бетин ачып бергиле деген талап менен анын артынан түшүү болуп атабы? Ушул багытта кандай иштер жүргүзүлүп атат?

Раимкул Аттокуров: -Питерде болгон кайгылуу окуя боюнча да, бүгүнкү болгон кайгылуу окуя боюнча да биз нота даярдап Орусиянын Тышкы иштер министрлигине жана Ички иштер министрлигине да кайрылып атабыз. Питерде болгон окуя боюнча бүт маалымат бизде бар. Кечээ бул жерде жашап аткан улуттук диаспора өкүлдөрүн чакырып, кайрылуу даярдап атабыз. Эки-үч жума мурда да Алтуфьево кичи райондо биздин жаранды москвалык жаш балдар уруп кетишкен. Ал боюнча да кайрылуу жасадык. Иши кылып бүт кайгылуу окуялар биздин көзөмөлүбүздө.

«Сова» анализдөө борбору чыгарган жыйынтык боюнча Орусияда ашынган улутчул жаштардын кол салуусу мурдагы жылдарга караганда арбыган.

Бул жолу жарыялаган докладында борбор: «улуттук жек көрүүчүлүк менен киши өлтүрүү саны артып баратат жана андай кылмыш боюнча соттолгондор саны азайып баратат» - деп жазат.

2007-жылы болгону 11 айдын ичинде ашынган улутчулдар кол салуусунан 573 киши жарадар болуп 57 киши көз жумган. Бул көрүнүш Москва менен Питерде күч экени белгиленген. Москва шаарында, маселен, былтыр күз айлары, алардын токмогу менен бычагынан 8 киши көз жуумп 66 киши майып болушкан.

Докладдын тушоо кесүүсү өтүп атканда «Сова» борборунун эксперти Галина Кожевникова мындай деди:

«Үстүдө жылы андай кол салуулар эсеби 64-кө жетти. Андан 69 киши курман болушту. Жаңы улутчулдар көчөгө мурдагыдай кишилерди токмоктобой, аларды сөзсүз өлтүрүш үчүн чыкчы болушту». Ошол эле борбор маалымдаганга караганда ашынган улутчулдар кол салуулары Владимир, Волгоград, Воронеж, Екатеринбург, Краснодар, Нерюнгри, Нижний Новгород, Ставрополь, Тверь жана Челябинскиде уланууда.

ЖОЖДОРДУ АКЦИОНЕРЛЕШТИРҮҮ ЭЛГЕ ЭМНЕ БЕРЕТ?

Кыргызстанда быйыл мамлекеттик жогорку окуу жайларды акционерлештирүү боюнча алгачкы процесстер башталган турат. Билим берүү жана илим министрлигинде түзүлгөн комиссия бул маселенин үстүндө иштеп жатат. Акционерлештирүүгө кайсыл окуу жайлар тандалып алынары, ал кандай жол менен ишке ашары азыр айкын эмес. Бул маселе боюнча коомчулукта кызуу талкуулар жүрүп, анын мамлекет үчүн пайда-зыяны салмактанып жаткан кез.

Адистердин айтымында, мамлекеттик окуу жайларды акционерлештирүү жыргаган турмуштан келип чыккан жок. Анткени азыр мамлекеттик университет, институттар негизинен контракттык негизде окуган студенттерден түшкөн каражатка жашап жатат. Аларга ишкер уюмдардан каражат, инвестиция тартуу зарыл, жана рынок шартына ылайык эркин иштегенге жол ачыш керек.

-Жогорку окуу жайлар ата-энелердин акчасы менен жашап келаткан процесс чегине жетти. Эми банктар, инвесторлор менен иштеш керек. Маселен эмне үчүн Азияуниверсалбанк бул тармакка инвестиция салып, өзүнө пайда таппайт. Жогорку окуу жайы дагы пайда табат. Менин оюмча акционердик коом түзгөн анчалык деле чоң жылыш эмес. Анткени мамлекет баары бир контролдук пакетти алат дагы, өзүнүн талабына таңуулай берет. Бир жакшы жери –жогорку окуу жайлары коммерциялык иштер менен иштегенге мыйзамдуу укук алат, - дейт Бишкектеги Гуманитардык илимдер институтунун директору Төлөбек Абдракманов.

Адистер ошол эле учурда мамлекеттик окуу жайлар акционерлештирилгенде акциялардын контролдук пакетин мамлекет өз колунда кармап калганы туура болот деп жатышат. Анткени, жогорку окуу жайларды сатып алган ишкер уюмдар, ишкерлер акчанын артынан кууп анын билим берүү багытын өзгөртүп жибериши ыктымал. Ошон үчүн жогорку окуу жайларын өнөр жай ишканаларындай кылып жеке колдорго кармата бергенден абдан этият болуш керек.

- Акционерлештирүү дегенде ушул борбордогу жогорку окуу жайларын кандайдыр бир жеке ишкер менчиктеп ала турган болсо, алар өздөрүнүн базар экономикасынын талабына жараша жүргүзө баштайт. Эң жөнөкөй мисал, борбор шаардагы Арабаев атындагы мамлекеттик университетти бирөө менчиктеп алса, ал шаардын четинен бала бакчаны сатып алып, окуу жайды ошол жакка көчүрүп, борбордогу имараттарды ресторан-кафеге айландырып, же офиске берип, андан жүз эсе көп акча таба тургандай абалга жеткизиши мүмкүн,- дейт Бишкектеги И. Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин илим борборунун жетекчиси Эмил Каниметов.

Коомчулуктун тынчын алган дагы бир маселе – мамлекеттик жогорку окуу жайларда акционерлештирүүнүн натыйжасында билим алуу кымбаттап, каруусу бош үйбүлөнүн балдарына абдан кыйын болуп калышы ыктымал. Анын үстүнө, мамлекет саясаты дагы жогорку билим алуунун акысын көтөрүү жагына бурулганы турат. Жакында парламентте сүйлөгөн кайрылуу сөзүндө президент К. Бакиев жогорку окуу жайларды рынок жолунда өнүктүрүүгө өзгөчө басым койгон болчу.

Мамлекеттик жогорку окуу жайларды акционерлештирүүгө жол ача турган жоболор Билим берүү жөнүндө мыйзамына мындан эки-үч жыл мурда эле кирген. Сентябрь айында өкмөттүн тапшырмасы менен Билим берүү министрлиги атайын комиссия түзүп, бул маселени ишке ашыруунун жол-жобосун иштеп чыгууга киришкен. Адистердин айтымында, мамлекеттик жогорку окуу жайларды акционерлештирүү боюнча адегенде укуктук-нормативдик база иштелип чыгууга тийиш. Экинчиден, чоң окуу жайларды кое туруп, акционерлештирүүнү чакан окуу жайлардан баштап байкап көрүү абзел.

Кыргызстанда азыркы учурда баардыгы 47 жогорку окуу жайы бар. Алардын ичинен 31 мамлекеттик, калгандары мамлекеттик эмес окуу жайлар.

Жогорку окуу жайларды акционерлештирүү жагынан Россия менен Казакстан алдыга кеткен. Мисалы, Казакстанда эң маанилүү окуу жайлар гана мамлекеттин карамагында калып, калгандары акционерлештирилген болчу.

УЛУТТУК ОЛИМПИАДА КОМИТЕТИНИН ЖАҢЫ УСТАВЫ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

30-январда Бишкекте Улуттук олимпиада комитетинин жыйынында Эл аралык олимпиадалык хартияга ылайык жаңы Уставы толуктоолор менен кабыл алды. Ошондой эле уюмдун жетекчиси Мурат Саралинов эки жылдык ишмердүүлүгү тууралуу отчет берди. Жыйында быйыл жайында Бээжинде өтө турган олимпиадалык оюндарга даярдыктар талкууга алынып, уюмдун жаңы мүчөлөрү да шайланды.

Улуттук олимпиада комитетинин жыйынында олимпиадалык хартияга ылайык жазылган жаңы уставы бир добуштан кабыл алынды. Ага ылайык, эл аралык спорт федерациялары тааныган өлкөнүн олимпиадалык түрлөрүнүн отузга жакын федерациясынын жетекчилери УОКко дароо мүчө болуп саналат.

Спорт тармагындагы жетишкендиктери эске алынып Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Валерий Ким жана “Ак жол” партиясынан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты, профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров улуттук олимпиадалык комитетке мүчө болуп шайланды.

Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти Мурат Саралиновдун айтымында уюмдун уставы эл аралык олимпиадалык хартияга ылайык толуктоолор менен кабыл алынды:

-Жаңыртылган Уставды эл аралык олимпиада комитетине жөнөтпөсөк, анда Кыргызстанга финансылык жардам токтоп калышы ыктымал эле. Жаңы устав алымча-кошумчалардын негизинде мыйзам чегинде добуш берүү менен кабыл алынды. Ошондой эле улуттук олимпиада комитетине жаңы мүчөлөр шайланды. Биз жеке кызыкчылыктарды гана ойлобой, өлкөнүн тагдырын, ар-намысын ойлошубуз керек.

Улуттук олимпиада комитетке президент Курманбек Бакиевдин эки уулу тең мүчө болуп саналат. Себеби тун уулу Марат Бакиев бир жылдан бери өлкөнүн ок атуу жана дзюдо федерацияларынын жетекчиси болсо, экинчи уулу Максим Бакиев былтыр күздө өлкөнүн күрөш федерациясынын президенти болуп шайланган. Спорт коомчулугу президенттин уулдарынан үмүт жандырып, колдоо күткөндүктөн федерацияларга жетекчи кылып шайлашкан.

Өлкөнүн футбол федерациясынын жетекчиси Амангелди Муралиевдин пикиринде мурда улуттук олимпиада комитетинин жыйындары жабык өтүп, айрым федерациялар чакырылчу эмес:

-Футбол федерациясы өлкөдө таасирдүү уюм болгонуна карабай УОК жыйындарына чакырбай, бизди теңине алчу эмес. Жаңы жетекчилер келгени уюмдун ишмердүүлүгү ачык айкын болуп, бардык федерациялар менен кызматташып жатканы кубандырат. Ошондой болсо да спорт коомчулугун тынсыздандырган спорт тууралуу мыйзам да чийки болуп, спорт клубдарынын, федерациялардын ишмердүүлүгү тууралуу мыйзам долбоору да кабыл алына элек. Себеби коомдук уюмдарды салык муунтуп, иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Кесипкөй спортчулар, аларды социалдык жактан коргоо, колдоо тууралуу да мыйзам долбоору иштелип чыга элек.

Учурда Бээжин олимпиадасына Кыргызстандык 8 спортчу жолдомо жеңип алып, даярдык көрүп жатышат. Спорттун калган түрлөрү боюнча Бээжин олимпиадасына жолдомо берчү эл аралык Гран-при мелдештери, Азия жана дүйнө чемпионаттарына кыргызстандык спортчулардын катышуусуна шарт түзүлүп, камкордукка алынганы ассамблеяда айтылды.
Жыйында олимпиадачыларды колдоо корунун уставы да кабыл алынып, демөөрчүлөрдөн түшкөн каражаттарды максаттуу колдонуу боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Эгемендикти алгандан бери Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетин Эшим Кутманалиев уюштуруп, 13 жылдан бери башкарып келген. 2004-жылдын декабрында өлкөнүн бокс федерациясына жаңы президент болгон Айдар Акаев Улуттук олимпиада комитетине жетекчи болуп шайланган. Ыңкылаптан кийин Айдар Акаев ал кызматтан бошотулуп, мурдакы жетекчи Эшим Кутманалиев кайрадан Улуттук олимпиада комитетине президент кылып шайланган. 2006-жылы жайында бул уюмга президент болгон учурундагы Жогорку кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев 22-сентябрда атылып каза болгон.
Ошондон кийин олимпиада комитетинде кризис тереңдеп, жетекчилик орунду талашуу, бөлүнүп-жарылуу күч алып, натыйжада 2007-жылдын 5-январда болгон жыйында чөп үстүндөгү хоккей федерациясынын президенти Кадырбек Атакараевдин жүрөгү токтоп күтүлбөгөн жерден кайтыш болгон. Ошол себептүү бул жыйында УОКтун жаңы уставы кабыл алынбай, жаңы мүчөлөрүн шайлоо үзгүлтүккө учураган.

Олимпиада комитетинин эки жыл мурдакы жыйынында ошол учурдагы эсеп палатасынын төрагасы, өлкөнүн күрөш федерациясынын жетекчиси Мурат Саралинов УОКко президент болуп шайланган. Эки жылдан берки Улуттук олимпиада комитети кабыл алган чечимдер бул уюмдун кризистен чыга баштаганын көрсөтөт.

ЖАЛАЛАБАТ: ПРЕЗИДЕНТ К.БАКИЕВДИ КЫЗМАТТАН КЕТИРΥΥ ТАЛАБЫ ЖΥЙӨӨЛҮҮБҮ?

Мурдагы депутат А.Бекназаров президент К.Бакиевдин мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүсүн талап кылган революциялык комитет түзгөндүгүнө Жалалабаттын тургундарынын пикирлери ар түрдүү. Жарандар бир жылдан бери эч кандай өзгөрүү боло электигин, баалардын кымбаттагандыгына бийлик эч кандай чара көралбай калгандыгын байкашкан. “Ата мекен” партиясынын облустагы жооптуу катчысы өлкөдө тартип орното албаган президент кызматтан кетүүсү керек деп эсептейт. “Ак жол” партиясынын өкүлүнүн айтымында президенттин кызматтан кетүүсүнө негиз жок.

Парламенттин мурдагы өкүлү А.Бекназаровдун президент К.Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү боюнча революциялык комитет түзгөнүнөн элет тургундары толук кабардар болбогону менен Жалалабат шаарынын тургуну Ильич Нарматов ал комитетти толук колдоорун билдирди. Анын көз карашында өлкө социалдык көйгөйлөрдөн арылуу деңгээлинен кыйла алыс жана бүткүл элдик добуш берүүлөр мыйзам бузуулар менен коштолгон:

- Элдин жашоосу өтө кыйындап баратат, электр энергиясы, газ кымбаттады. Бул боюнча президент өзү талдоо жүргүзүп, бир натыйжа көрүш керек эле. Мырза Бекназаров айткан нерселердин бардыгына мен кошулам, рефрендум чынында туура эмес өттү. Үй-бүлөлүк башкарууну көр эле адам көрбөй калбаса, бардыгы эле көрүп турушат.

Облустун жашоочусу Батыр Кайыпов да республикадагы өзгөрүүлөрдү байкай элек:

- Бир жылдын ичинде чындап эле иш көрүнбөй калды. Акаев сыяктуу башталып кетеби деген ойлор адамдарда туулуп атат.

Сузак районунан Самат Бекматовдун болжоосунда да экс-президент Аскар Акаевге караштуу мүлк-байлыктардын мамлекеттин менчигине өткөндүгү белгисиз бойдон калды:

- Акаевдин маалындагы бийликтеги адамдар 2-3 кабат үйлөрдү салып алды. Ушунун бардыгын тең тартипке келтириш керек эле.

Облустун тургуну Гүлжигит Жамгырбековдун пикири боюнча элдин бийликке болгон ишеними жоголду жана Бекназаров белгилеген мурдагы үч референдум тең бийлик өз каалаганындай натыйжаларга жетишип, президенттин бийлик ыйгарымдары күчөдү:

- Азыр элдин бийликке ишеними калбай деле калды. Жакында болгон шайлоого элдин ишенбей калган себеби, бийлик өзүнүн кызыкчылыгын гана ойлоп, элди ойлобой калды. Акыркы күндөрү президент каалагандай гана болуп калды.

Президент К.Бакиевди кызматтан кетирүү экс депутат А.Бекназаровдун өз пикири. Азыркы бийликтин орношуна экөөнүн тең тиешелүү салмагы бар. Бирок, “Ата Мекен” партиясынын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин айтымында, өлкөдө тартип бузуулар токтобой, мыйзам бузуулар уланып жатканда өлкө башчысы андан жыйынтык чыгаруусу абзел:

- Бекназаровдун президент Бакиев мөөнөтүнөн мурда бийлигинен кетиши керек деген Бекназаровдун өзүнүн пикири. Өлкөдөгү өзгөрүүлөргө Бекназаровдун дагы Бакиев менен бирдей салмагы болгон. Тартип болбосо, өлкөдө теңдик болбосо мыйзам бузуулар боло бере турган болсо Бекназаровдун айтканы туура, анда өлкөнү башкара албаган жетекчи бийликтен кетиш керек.

Мындай бүтүмдөргө “Акжол” партиясынын Базаркоргон районундагы өкүлү Төрөкан Алимов кошулган жок. Анын айтымында, Бакиев эл алдындагы убадасынан тая элек жана аны кызматтан кетирүү жүйөөлөрү негизсиз. Аксы окуясы сот тарабынан териштирилүүдө:

- Бакиев Курманбек Салиевич революция мезгилинде элге кандай убада берсе, ошол убадаларды аткаруунун үстүндө акырындык менен иш жүргүзүп атат. Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү жөнүндөгү маселени облустук сотто сот жүрүп атат.

31-ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Гвардия ротмистри Меллер-Закомельский Пулатхан жетектеген козголоңдун басылышы туурасында рапорт берген. Фрунзе киностудиясында тартылган фильмдердин I фестивалы «Ала-Тоо» кинотеатрында салтанат менен ачылды.

Гвардия ротмистри флигель-адъютант, барон Меллер-Закомельский Пулатхан жетектеген козголоңдун басылышы туурасында 1876-жылдын 31-январында рапорт берген. Гвардия ротмистри козголоңчулардын саны, курал-жарагы жана жасаган аракетин саймедиреп, аларга каршы көрүлгөн чара туурасында кең-кесири кабар берет. Пулатхан менен жазалоочу отряд ортосундагы кагылыш, Үчкоргон кыштагынан 84 чакырым алыстыкта орун алган Каратегин капчыгайында өтүп, козголоңчулар оор жеңилишке учураган. Беш жез замбирек, жүздөй мылтык, Пулатхандын туулары менен 200 төөсү орус аскерлери тарабынан олжолонуп, көтөрүлүш жетекчиси он жигити менен согуш талаасынан качып чыккан.

Он бир күнгө созулган Түркстан АССРиндеги кыргыз жана казак кедей-кембагалдарынын Олуяатадагы съезди, 1921-жылдын 31-январында соңуна чыкты.

Фрунзе киностудиясында тартылган фильмдердин I фестивалы 1957-жылдын 31-январында борбор шаардын «Ала-Тоо» кинотеатрында салтанат менен ачылды. Фестивальга «Ысык көл жээгинде», «Достук чокусу», «Тянь-Шань тоосунун курорттору» сыяктуу документалдык фильмдер коюлган. Мындан тышкары, Никита Хрущевдун Кыргызстанга Ленин орденин тапшыруу үчүн келишине арналган документалдык фильм, фестивалдын олуттуу окуясы катары бааланды.

Февраль айына белгиленген Кыргызстандагы референдумга байланыштуу АКШ мамлекеттик департаментин билдирүүсүнө, Кыргызстан тышкы иштер министрлиги 2003-жылдын 31-январында каршы жообун берди. Конституция жоболору эларалык стандарттарга шайкеш жаңыртылып, анда белгиленген нормалар бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактоого жана демократиялык өнүгүүгө салым кошот, деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Кыргызстан тыш иштер министри Аскар Айтматов 2003-жылдын 31-январында Индиялык кесиптеши Жасвант Сингх менен жолугушуп, консулдук Конвенцияга кол коюшту. Жасвант Сингх 30-январда Кыргызстанга визит менен келип, республика жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Социал-демократиялык партиянын төрагасы Алмаз Атамбаев 2004-жылдын 31-январында Аскар Акаев келээрки президенттик шайлоого катышса, анда өлкөдө калк толкуп кетиши мүмкүн экендигин билдирди. Анын айтымында, азыр эл акыйкаттыкты соттон издебейт, алар чындык менен адилеттүүлүктү өздөрү барып алышат.

Бу күнү, 1797-жылы автриялык композитор Франц Шуберт, 1868-жылы америкалык химик, Нобель сыйлыгынын лауреаты Теодор Ричардс, 1881-жылы америкалык физик, химик, Нобель сыйлыгынын лауреаты Ирвинг Ленгмюр, 1911-жылы атактуу көзүачык Ванга (Вангелия Пандева-Гущерова), 1924-жылы грузин кинорежиссеру Тенгиз Абуладзе, 1939-жылы сынчы Курманбек Абдыкеримов жарык дүйнөгө келген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG