Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 06:45

Кыргызстан

Ө.Текебаев: Оппозицияны коркутуу максаты ишке ашпайт

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев өзүнө жана оппозициянын башка мүчөлөрүнө карата козголуп жаткан кылмыш иштери, басым-кысымдар тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү сиз алып жүргөн Сайга мылтыгынын окчонтоюн, же башкача айтканда магазинин алмаштырып, кайра жасаткан деген айып менен иш козгоп атат. Бул айыптоосу канчалык негиздүү?

- Милициянын айыптоосу мыйзамга ылайык келбейт. Бул айыптоонун артында саясий маңыз жаткандыгы ачыктан-ачык көрүнүп турат. Талас облустук, республиканын эксперттери жасаган экспертизанын тыянагы турат. Ал жерде карабин өзү дагы, анын октору дагы, магазини дагы заводдон жасалган жана өзүнүн паспортуна ылайык келгендигин көрсөтүп турат. Ал эми ички иштер бөлүмүнүн иш козгогон кырдаалы көп нерсени айтат. Биз 2-3 күндөн кийин Жекшенкулов, Муралиев, Шерниязов, Чотонов, мен болуп Москвага жөнөмөкчү болуп жатканбыз. Москвадагы Карнеги борборунда биздин оппозициянын жаңы саясий концепциясынын бет ачаары болмок.

Андан кийин Орусиянын бир топ таасирдүү адамдары менен формалдуу эмес, ачык эмес жолугушуулар болмок эле. Мына ошол сапардын алдында Жекшенкуловго иш козгоп, анын Бишкектен чыгуусуна тыюу салынды. Андан 2-3 күндөн кийин эле мага иш козголду, бул сыртка чыгууга тоскоолдук кылуунун айла-амалы. Биринчи ачылган мөөнөтүнө жараша ушундай баа бердим. Экинчиси, мүнөзү боюнча бул куру жалаа. Бул иш козголгон адамдарды жана башка адамдарды коркутуу. Ар бир адамга каалагандай иш козгосо болот жана “Ак жолдун” депутаттары айткандай статьяга такаса болот деп атышпайбы, такаса болот деген коркутуунун айла-амалы.

- Сизге буга чейин дагы кээ бир маалымат каражаттары аркылуу бир катар каралоо акциялары уюштурулуп келди. Эми бул жолу минтип кылмыш иши козголуп отурат. Сизден башка дагы бир топ оппозиция мүчөлөрүнө, Азимбек Бекназаров, аймакчы 70 пайыз оппозиция мүчөлөрүнө кылмыш иши козголду. Мунун аягы түрмөгө алып барып камоо менен аякташы мүмкүн деген дагы божомолдор бар. Эгерде ошондой болчу болсо анын аягы эмнеге алып барат?

- Каралоо, коркутуу айла-амалдары 3 жылдан бери тынымсыз эле болуп жатат. Анын эң туу чокусу колунан кармалганы, далилденгени бул - “Матрешка” операциясы болгон. Баңгизаттары менен провокациясы болгон. Бул чоң кылмыш. Дүйнөдө президенттин үй-бүлөсү эмес, эгер сержант ушундай кылып колго түшүп калса, бул чоң чатак иш болуш керек. Алар мейли жооп бербесин, уялып калгандын ордуна ушуга окшогон провокациялык иш аракеттерин тынымсыз жүргүзүп келе жатышат. Алардын коркутабыз деген максаты ишке ашпайт, Бакиевдерден коркуп кала турган адамдар эмеспиз. Алар айласы кеткенден мына ушуларды жасап атат. Бул бүгүнкү бийликтин акыркы күндөрү болуп жаткандыгын, бийлик элдин ишениминен таптакыр кеткендигинин далили болот.

- Өткөн жумада президент Бакиев бир катар жогорку кызматкерлерди кызматтан алды. Алардын айрымдарынын ордуна оппозициянын ичинен саясатчылар коюлат экен деген сөздөр бар. Мурдагы ыкма, оппозициянын ичинен бөлүп-жаруу, жиктөө аракети бул жолу ишке ашабы?

- Оппозициялык негизги лидерлер эч кандай сүйлөшүүлөргө барып, мындай кызматка алданбайт. Ал боюнча алар эл алдында дагы убадаларын берген. Ал эми бул кызмат алмаштыруу катардагы эле кадрдык соода деп билем. Негизги күнөөгө тартыла турган адамдар кызматтарынан көтөрүлүп атат. Мына энергетикалык кризиске алып келген адамдар кызматтан кызматка көтөрүлүп, өкмөттү, президенттик администрацияны башкарып отурушат. Ал эми эч кимге белгисиз, жыты чыкпаган бир четинен, экинчи четинен президент үчүн бөрк ал десе баш алып, оппозицияны каргап-шилеп чуркабаган, саясий нейтралдуу болуп өзүнүн ишин жасаганга аракет кылгандар негизинен алмашылды. Бизде алардын ордуна радикалдуу, албуут, баш ал десе бөрк алган адамдарды алып келиши мүмкүн деген бизде божомол бар.

- Маегиңизге рахмат.

Нарында карышкыр көбөйдү, ага аңчылык кылуунун пайдасы азайды

2008-жыл ичинде расмий маалыматтар боюнча карышкырлар теңиртоолуктарга 18 миллион сомдон ашуун зыян келтирген. Мамлекет карышкырлардын териси үчүн төлөнүүчү каражатты азайтып жибергендиктен элетте аңчылык кылгандар үчүн карышкыр уулоого кызыкчылык жокко эсе.

Нарын облустук акимчиликтин жетектөөчү адиси Эсен Абышов 2008-жылы 2007-жылга караганда карышкырлар эки эседен ашык атылгандыгын билдирет:

- Жыл башынан тартып жыл аягына чейин 245 карышкыр атылды. Мунун ичинен 22 чөө, 61 бөлтүрүк. Ал эми 2007-жылы болсо 120 карышкыр атылган.

Нарын районундагы Он-Арча айыл округунун башчысы Көчкөнбай Койчуманов карышкырлар менен жеринде күрөш күчөтүлгөндүктөн жыл башында эле эки карышкыр атылгандыгын айтат:

- Бүгүнкү күндө күч болуп атат. Ошондуктан биз эки айылда эки топ түзгөнбүз. Оттук айылында 2 карышкыр атылды.

Бирок айыл өкмөт аймагында болжолдуу канча карышкыр жүргөндүгү тууралуу маалымат жок:

- Кудайдын ити экен карышкыр дагы. Маалымат боюнча азайды деп айтып атабыз. Бирок алар канча экенинин даанасы белгисиз, - дейт Көчкөнбай Койчуманов.

Нарын районундагы Орто-Нура айылынын тургуну Өмүрбек Акунов чейрек кылымга жакын убакыттан бери мергенчилик кылат. Анын пикиринде мамлекеттик ырааттуу саясат жүргүзүлбөгөндүктөн улам, карышкыр жана чөөлөр дагы көбөйө берет:

- 1985-жылдан бери мергенчилер чарбасынын аңчысымын. Азыр карышкыр көбөйүп кетти. Аталы десек же айыл өкмөтүнөн, же өкмөттөн аңчыларга эч нерсе каралган жок. Өзүбүздүн күчүбүз менен атып келип, терилерин өткөргөндө 6-8 айдан кийин акчасын алабыз. Керек болсо бир окту 3 жарым доллардан сатып алабыз, анан биздин тапканыбыздан пайда жок. Ошону менен өкмөт финансы чечип бергени үчүн карышкыр, чөө көбөйүп атат.

Нарын облустук акимчиликтин жетектөөчү адиси Эсен Абышовдун айтымында карышкырлар терисине бөлүнгөн каражат мамлекет тарабынан жылдан жылга кемитилүүдө:

- Болгону мамлекеттик агенттик тарабынан 100 миң гана сом каралган 2008-жылга. Ал эми 2007-жылга 252 миң сом каралган. Ал эми мурунку 2005-06-жылдарга 400 миңден ашык акча каралган.

Мына ушундай жагдайдан улам карышкырларды атуу сейректөөдө.

- Көп жылы карышкырлар (териси) жалаң базарларда сатылып кеткен. Себеби акча жоктугунан, агенттик акча аз бергендиктен. Эгер алар тараптан жакшы суммадагы акчалар каралса, дагы көбүрөөк атылышы мүмкүн болчу, - дейт Эсен Абышов.

Нарын облустук аңчылык департаментинин жетекчиси Дүйшөнбек Мамбетов менен байланышып, былтыркы жылы 75 карышкырдын жана 20 чөөнүн гана терисине акча төлөнгөндүгүн, өткөн жылда каражаттар кечигип берилгендигин эшиттик:

- 2008-жылга 120 миң сом болду. Департамент сентябрда уюшулган, ошондо берди. 44 эркек карышкыр, 3 ургаачы, 23 бөлтүрүк, 23 чөөгө төлөп бердик. 2 жарым миң ургаачы карышкырга берилет, 270 колуна алат, калганын соцфондго кармайт. Эркек карышкырга 2 миң, анын 1656 сомду колуна алышат, бөлтүрүк 1000 сом, андан 829 сомун колуна алышат. Азыр департаменттен сурабайбыз, анткени управлениени көлгө кошуп салган, ошол убакта эч ким карабай калып, акча 6-7 айдай кечиккен.




Оппозицияга куугунтук күч алды

Өткөн жылдын этегинен бери оппозициядагы бир катар саясатчыларга түрдүү кылмыш иштери козголду. Айрым байкоочулар муну бийликтин оппозицияга карата саясий куугунтугу катары баалап, мындай кысым майнапсыз болоорун эскертишүүдө.

Акыркылардан болуп кылмыш иши өткөн ишембиде “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевге козголду. Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү анын алып жүргөн куралынын окчонтою дүкөндө сатылгандан башкача жасалган деп, тактап айтканда куралды мыйзамсыз жасоо жана оңдоо деген берене боюнча (Кылмыш кодексиндеги 242-берененин 1-бөлүгү) иш козгоду.

Ал эми 22-январда “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкуловго тышкы иштери министрлигин жетектеп турган кезде министрликтин имаратын оңдоп-түзөө учурунда Кытайдан келген каалгаларды алмаштырып, мамлекетке зыян келтирген деген айып тагылып, дагы бир кылмыш иши козголду. Былтыр декабрда да Башкы прокуратура Аликбек Жекшенкуловго Кытай өкмөтү грант түрүндө берген 73 миллион сомду документсиз пайдаланды деген кине тагып, кылмыш ишин козгогон эле.

А. Жекшенкулов өзү бул кылмыш иштери мыйзамсыз козголду деп, бийликтин оппозицияны коркутуп-үркүтүүсүнөн, күч колдонуусунан эч майнап чыкпасытыгын белгиледи:

- Мага сыртка чыкпоо тууралуу эскертүү берди. Мен ойлойм, бул мыйзамсыз. Анткени ошол каалгалар өз ордунда эле турат. Мен кантип мамлекетке зыян алып келдим, түшүнүксүз.

Буга чейин кылмыш иштери Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы жетекчиси, учурда АКШда жүргөн Равшан Жээнбековго, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго, Социал-демократиялык партиясынын мүчөсү Эдил Байсаловго, “Улуу биримдик” саясий партиясынын лидери Эмил Каптагаевге, “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевге,СДП фракциясынын депутаты Динара Ниязалиеванын кызына козголуп, башкалары административдик жоопкерчиликке тартылса, кээ бирине эскертүүлөр берилген.

Мындан тышкары учурда белгилүү саясатчы Ишенбай Кадырбеков дагы түрмөдө отурат. Ошондой эле Революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаровдун уулуна да кылмыш иши козголушу мүмкүндүгү айтылууда.

Оппозиция өкүлдөрүнө карата ар кандай себептер менен кылмыш иштеринин козголушу коомчулукта бийликтин түздөн-түз көрсөтмөсү менен жасалган саясий куугунтук катары бааланууда.

Саясат талдоочу Жыргалбек Турдукожоевдин пикиринде, бийлик башында отургандар оппозицияга каршы ушундай ыплас ыкмаларды өз бийлигин сактап калуу үчүн колдонуп жатат. Өлкөдөгү оор саясий-экономикалык кырдаал, анын үстүнө Ак үйдүн оппозицияга карата мындай мамилеси элдин 70-80 пайыздайын бийликке оппозиция кылып койду:

- Бирок ошол эле учурда бийлик оппозициянын лидерлерине каршы ушундай ыплас иштерди жасап, жалпы коомчулуктун кыжырдануусун күчөтүп алып жатканын унутуп коюп жатат.

Анткен менен Баш прокуратура, Ички иштери министрлиги баштаган тиешелүү мекемелер жогруда аты аталган саясатчыларга каршы козголгон кылмыш иштериинин артында эч кандай саясий себептер жок экенин байма-бай айтып келет.

“Ак жолчу” депутат Бейшенбек Абдрасаков да оппозициядагыларга кылмыш иштери мыйзамдын чегинде козголуп жатканын айтат. Депутаттын көз карашында, бийликтин оппозицияга карата мындай мамилеси мыйзам ченемдүү көрүнүш:

- Бардык иштер мыйзамдын чегинде козголду деп ойлойм. Оппозиция болуу оңой эмес, биринчиден алар таза болушу керек. Мыйзамсыз эч нерсе жасабаса, бийлик да кантип жөн жерден кылмыш ишин козгосун. Бир нерсе бар болгону үчүн козголуп жатат да. Менин оюмча, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени Орусияны деле алып карасак, Путин деле Ходорковскийди жок кылбадыбы. Бул - бийликте турган кишинин оппозиция менен иштөөнүн бирден бир ыкмасы да.

Бийликтин жүргүзгөн саясатына сын-пикирин ачык айтып, ошондон улам кылмыш иштери козголгон саясатчылардын укуктарын коргоо үчүн саясасий куугунтукка каршы комитет түзүлгөн. Аталган комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиев учурда оппозициянын катарындагыларга болуп жаткан куугунтук, басмырлоо Акаев мезгилинде да болбогонун айтты:

- Акаев президент болуп турган заманда бир жылда бир ушундай саясий оппоненттерине кылмыш иши козголуп, соттошчу эле. Ал эми азыр, өзгөчө акыркы айларда күн сайын кылмыш иши козголуп жатат.

Мурдагы президент Аскар Акаев да учурунда өзүнүн каршылаштарын ушундай ыкма менен коркутууга, жолдон чыгарууга аракет жасаган. Мисалы, Феликс Кулов, Топчубек Турганалиев түрмөдө отуруп чыкканы, Азимбек Бекназаров да камалып, Аксыдагы элдин толкундоосунан улам абактан чыгарылганы белгилүү.

Алмазбек Атамбаев: Үй-бүлөлүк башкаруудан арылмайын өзгөрүү болбойт

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев партия мүчөсү Өмүрбек Бабановдун өкмөткө келиши, бийликтеги соңку кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу “Азаттыкка” кеп салып берди.

- Алмазбек мырза, Өмүрбек Бабановдун биринчи вице-премьер-министрликке келишин кандай кабылдадыңыз, бул маселе партия жетекчилиги менен кеңешилди беле?

- Эми Өмүрбек Бабанов иштей турган жигит. Убагында мен да аны өкмөткө алып барайын дегем, бирок ал учурда аны өткөрбөй коюшкан. Азыркы чечими эми анын өзүнүн жеке чечими, ал биз менен, партия жетекчилиги менен кеңешкен жок.

- Ал азыр деле Социал-демократтардын катарындабы?

- Катарында, бирок өткөн парламенттик шайлоодон кийин абдан катуу басым болбоду беле жарандыгын алабыз, тигил-бул дегендей. Ошондой кийин ал партиянын ишине активдүү катышуудан кетип, жетекчи органдардан чыгарганбыз. Жөнөкөй эле партия мүчөсү катарында калган. Эми партиядагы мүчөлүгүн да токтотсо керек менимче, себеби биздин партиянын бийликке карата пикири башка да.

- Эми сиздердин партия да оппозиция катарында бийлик кызмат берсе барбайбыз деп айткан эле. Партия мүчөсүнүн минтип өкмөткө келиши эмнени билдирет?..

- Андай сөздү биз партия жетекчилигинин атынан айтканбыз. А биздин катарыбызда миңдеген жөнөкөй мүчөлөрүбүз бар да. Алардын бири Өмүрбек Бабанов. Бирок ал жөнөкөй мүчө болгону менен жөнөкөй адам эмес дегендей... Эми бирдеме деп айтыш кыйын. Ал жигитке деле мүмкүн тажрыйба керек, балким ошондой тажрыйба алайын дегендир. Бирок биздин партиянын бул бийлик менен иштешели, кызматка баралы деген ою жок. Ошондуктан эми Бабановдун мүчөлүгүн токтотобуз го. Ал өзү деле ошондой арыз менен келет го деп турабыз.

- Өлкө экономикасынын азыркы абалы белгилүү, биринчи вице-премьер негизинен ушул тармакты көтөрүүгө басым жасайт эмеспи. Ушундай кыйын учурда Өмүрбек Бабанов ушундай милдетти алып кете алабы?

- Эгерде ага кандайдыр бир рычагдарды берсе ал кандай жумуш болсо да алып кетет. Бирок менимче Бабановду бул кызматка дайындоо менен бийлик өз кадыр-баркын оңдоону көздөөдө, биз жаштарды алып келдик дегендей... А чындыгында чечим кабыл ала турган, чече тургандар мурдагылар эле да. Ошондуктан мындан эч нерсе өзгөрбөйт. Албетте, Бабанов жаш, курч, көп нерсени билбей барып алды го деп турам.

- А сиздин оюңузча, президенттин жалпы кадр алмаштыруусунун башкы максаты эмнеде?

- Эми элдин нааразылыгын көрүп, кичине желди чыгарайын дегени го. Жанагы “космикалык ремонт” дегендей”... Боёп, сылап-сыйпап, жүзүбүз башка дегендей. А чындыгында ал боёктун артында башкалар турат да...

- Демек мындай кадрдык өзгөрүүлөр жалпы саясатты өзгөртүүгө эч кандай таасир бербейт деген ойдосузбу?

- Эми булар кабыгы да, кабыгы алмашканы менен өзөгү мурунку эле болуп атпайбы. Мурунку эле үй-бүлөлүк башкаруу. Президент бийликтин өзөгүн алмаштырса ошондо гана Кыргызстан оңолот. Азыр эми эмне кылса да мурдагыдай эле үй-бүлөлүк башкаруу бойдон калат. Мурдагыдай эле үй-бүлөнүн кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан өйдө болот.

Албетте эми Бабановдой жакшы балдар бийликке барып такшалганы жакшы. Бир чети эми ал жаманатты болбосо деп коркуп да жатам.

- Бирок буга чейин эле Өмүрбек Бабанов менен Валерий Хон экөөнүн ортосундагы соода боюнча кандайдыр бир деңгээлде рейдердик, басып алуучулук ыкмага өттү деген сөздөр эл оозунда айтылып жаткан. Балким ушул жагынан бийликке жаккан учурлары болгондур?

-Жок. Бабановдо андай рейдерлик, же башка бир балээси жок. Андай сөздөрдү бийликчил гезиттер тараткан. Эми бул жолу кандай болуп кетти, билбейм. Эми ал алданып, кичине жаштык кылып койду окшойт да, мен барсам оңдойм деп. Анткени айтып атпаймбы, чечимдерди баары бир башка адамдар чыгарат. Менимче Бабанов кыйналып калат го...

Ким келди, ким калды?

Өткөн жуманын этегинде бошогон жогорку бийлик тепкичтериндеги орундардын дээрлик баарына бүгүн жаңы дайындоолор болду. Бирок жаңы кызматка келгендердин арасынан Ө. Бабановдон башкасы мурдагы кадрлар экени, жөн гана орун алмаштыруу болгону айтылууда.

Жаңы дайындоолор боюнча өлкө башчысынын жардыктары бүгүн эртең мененден тарта жарыяланып, жаңы жетекчилер тааныштырыла баштады. Алардын алгачкысы Өмүрбек Бабановду биринчи вице-премьер-министрликке дайындаган жардык болду

Өмүрбек Бабанов 2006-жылдын ноябрында, 2007-жылы апрелде оппозиция уюштурган “Реформа үчүн” кыймылынын штаб жетекчилерининин бири катарында митингдерге активдүү катышкан. Өмүрбек Бабанов 1970-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунун Чымкент айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1993-жылы Москвадагы К.А.Тимирязев атындагы айыл чарба академиясын бүтүрүп, окумуштуу-агроном адистигине ээ болгон. 1995-1998-жылы Казакстандын Тараз шаарында “Арлан” өнөктөштүк бирикмесинин директору, Кийинчерек “Мунай” ишканасынын баш директорунун орун басары, “Кыргызпахтанын” президенти, “Петор Казакстан ойл Продакстын” Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн директору, “Мунай мырзанын” директорлор кеңешинин мүчөсү, 2005-жылы №56-Кара-Буура окуруганан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

2007-жылы декабрда Жогорку Кеңештин IV чакрылышына Социал-демократтар партиясынан талапкерлигин койгон. Аны Казакстандын жараны экен деген маалымат боюнча соттук териштирүү болуп, жыйынтыгында БШК Бабановду парламенттик шайлоодон четтеткен. Шайлоодон кийин ал жогорку инстанцияларга аппеляциялык арыз менен кайрылып, СДПнын тизмесине калыбына келтирилген. Бирок өз каалоосу менен депутаттыкка талапкерликтен баш тартып, анын ордуна парламентте СДПдан Роза Отунбаева мандат алган.

Президенттин дагы башка жардыктары менен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри, Кытайдагы Кыргызстандын мурдагы элчиси Кадырбек Сарбаев тышкы иштер министри, Сокулуктун мурдагы акими Болоткан Кумаров Чүй облусунун губернатору болуп дайындалышты.

Мындан сырткары бүгүнкү жардыктар менен президенттик администрация башчысынын орун басарлыгына Каныбек Жороев, президенттик администрациясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчылыгына Марс Саккараев, президенттик администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн жетекчилигине Лада Орозбаева, өкмөттүн аппарат башчылыгына болсо Нурлан Айтмурзаев, тышкы иштер министринин биринчи орун басарлыгына Руслан Казакбаев, тышкы иштер министринин орун басарына Бактыгүл Каламбекова дайындалды

Ошондой эле Болот Мамышев Сокулук районунун, Айбек Осмоналиев Бишкектин Ленин районунун, Тажимамат Шаболотов Сузак районунун башчылыгына келип, Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Ошентип азырынча өткөн жумада бошогон орундардан бир гана билим, илим министринин орду бош турат.

Америка Борбор Азияда да аброюн кайра көтөрүүгө аракет жасайт

“Азаттык” АКШнын жаңы президенти Барак Обаманын Борбор Азияга карата жүргүзүүчү саясатынын айланасында түз ободо талкуу уюштурду. Анда АКШ үчүн бул аймактын кандай кызыкчылыгы бардыгы тууралуу сөз болду.

Талкууга ЖК депутаты, социал-демократтар партиясынын мүчөсү, мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева, “Таза коом” саясий партиясынын жетекчилеринин бири Табылды Акеров жана АКШнын Мэриленд университетинин саясат таануу багытында докторанты Эмил Жороев катышты.


“Азаттык”:
- Барак Обама бийликке келүүсү менен Ооганстанга дагы 33 миң аскер кошумча жиберилери айтылган. Демек, Ооганстанда активдүү ишмердүүлүк жүргүзүүнү көздөп жаткан Барак Обаманын өкмөтү Борбор Азия мамлекеттери менен АКШнын ортосундагы мамилени бекемдөөгө аракеттенет деген пикирлер бар. Роза айым, сиз бул ойлорго канчалык деңгээлде кошула алат элеңиз?

Роза Отунбаева: - Албетте, толугу менен кошулам. Анткени Ооганстандын абалы, андагы кырдаал бизге тикеден-тике тиешеси бар. Ооганстан канчалык тынч болсо, бизде да бейпилдик болот. Өткөн жумада Орусия президенти Дмитрий Медведев Өзбекстанга барганда президент Каримов менен чогуу өтө чоң демилге көтөрүштү. Мына азыр Ооганстанда НАТОнун 30 миңден ашуун аскери бар, алардын да күчү жетпей атат. Ооганстанда ушунчалык терең, ушунчалык чоң согуш болуп атат. Эми ага ШКУ да киришсин, мунун негизинде Борбор Азиялык, же дүйнөлүк алкакта жыйын өтсүн деген демилге бизге абдан жакшы сезим берди.

Табылды Акеров: - Ооганстанды тарыхый жактан алсак да, бул мамлекетти илгертен эле эч ким басып алган эмес, өз каада-салтынын негизинде өнүгүп келе жатат. Ошондуктан, азыр Ооганстанга кошумча аскер киргизүү –АКШнын саясатындагы бир багыт. Ал эми Орусия Борбор Азиядагы өзүнүн таасирин жоготпоо үчүн аракеттерди көрүп жатат. Буга орус президентинин Ташкенге жасаган иш сапарын айтсак болот, анткени Өзбекстандагы Орусия кызыккан эң негизги ресурс бул - газ. Алар Өзбекстан менен так, даана сүйлөшүп, газды Орусияга гана сатууга келишишти. Орусия өзүнүн таасирин берип туруу, бул аймакта өзүнүн маанисин жоготпоо максатында алар Ооганстандагы согушка ШКУ да киришсин, деген демилге көтөрүштү деп эсептейм.

“Азаттык”: - Эмил мырза, эми сөздү сизге берсек, АКШнын Борбор Азияга болуучу мамилеси Ооганстан үчүн гана болушу мүмкүнбү? Мындан башка да кызыкчылыктар тургандыр, балким..

Эмил Жороев: - Менимче, АКШ жаңы бийлигинин саясаты негизинен Ооганстанга багытталып, Ооганстандагы жана Пакистандагы болуп жаткан көйгөйлөрдөн улам өнүктүрүлөт. Азыркы мезгилде Пакистанда да террористтерге каршы антитеррордук күчтөр тарабынан ок атылып атат. Эки-үч күн мурун Пакистандын Вазиристан аймагындагы террористтерге ок атылды. Бул деген - куралдуу жактан саясат күчөтүлүп жатат. Аскердик кошумчалар дагы болот, жакында аскердик күчтөр Ооганстанга киргизилет. Бул учурда Кыргызстандын ролу да чоң болушу керек. Эгер биздин бийлик, биздин айланабыздагы мамлекеттик жетекчилер аны туура түшүнүп, туура мамиле кылса, бул деген өзүбүздүн да, Борбор Азия аймагынын да, дүйнөнүн да коопсуздугу менен тынчтыгы үчүн чоң мааниге ээ.

“Азаттык”: - Чоң рахмат. Кээ бир саясатчылар акыркы жылдарда Борбор Азия мамлекеттери, өзгөчө постсоветтик өлкөлөр АКШга караганда Орусияга көбүрөөк ыктап кетти, деп айтышууда. Ошондой эле күзгө жуук, өзгөчө Кавказдагы чатакташуудан кийин Орусия Борбор Азия өлкөлөрүн өзүнө тартууга аракетин күчөттү, деп да айтылат. Роза айым, өткөн жумада “Азаттыкка” берген маегиңизде КМШ мамлекеттеринин ичинде демократия баалуулуктары унутулуп, анын ордун ресурстарды иштетүүгө багытталган гана максаттар ээлеп алды, деп айтып кеттиңиз эле. Барак Обаманын өкмөтү канчалык деңгээлде салымын кошо алат, бул аймактарда демократияны орнотууга?

Роза Отунбаева: - Бул суроого жооп берерден мурун мен Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу дагы бир нерсени айтып кетейин дегем. Абдан чоң орчундуу иш болуп атат. Биз баарыбыз четте туруп, ким эмне жасап атканын байкап, сындап отургандан көрө, баарыбыз ошол жакка ыкташыбыз керек да. Иштешибиз керек. Мына айталык, Орусия менен Өзбекстандын ошол маселеге кийлигишип атканы колдоого аларлык. Анткени Ооганстандагы согуш – канча жылдан бери бүтпөй аткан согуш. 1979-жылы СССРдин аскери кирди эле. Андан бери 30 жыл өттү. Ошондон бери ал жерде согуш тынган жок. Талиптер кайра кырдаалды көзөмөл кылууга ээ болуп атышат. Биз – Борбор Азия мамлекеттери, Орусия үчүн анын канчалык кесепеттери тийип атат. Баңзат ташуу кыйла өсүп кетти. Эгер талиптер бийликке келсе, кандай режим болот? Бул – бизге фундаменталдык жагынан жаман таасир эте турган режим.

Ошондуктан, азыр жалаң эле Өзбекстан менен Орусия эмес, Казакстан да ага киришүүдө. Барак Обаманын программасы боюнча Ирактан 2010-жылга чейин аскерлер чыгарылат. Ал жактан чыккан Казакстандын аскерлерин, анын ичинен медицина кызматкерлерин казак өкмөтү Ооганстанга жолдоп атышат. Казакстандын абдан чоң демилгелери бар. Мисалы жакында эле Барак Обама тарабынан Ооганстан менен Пакистанга өкүл болуп дайындалган Ричард Холбрук –тажрыйбалуу дипломат. Ал Югославиядагы Дайтон келишимин түзүп, ошол согуштан чыгууга абдан чоң аракет жасаган. Холбрук Казакстандын президенти Назарбаев менен тыгыз иштешкен адам. Демек, биздин айланабыздагы өлкөлөрдүн баары Ооганстан боюнча иштеп атышат. Ошондуктан, баарыбыз же Орусия, же Казакстан, же Кыргызстан дебей, Ооганстандын тегерегинде иштешибиз керек. Жакында эле АКШнын башкы командачылыгынын өкүлү Девид Петреус келип кетти. Анын иш сапары Ооганстандагы окуяларга тике тиешеси бар.

АКШнын аскерий “Манас” аба базасынын айланасындагы чайкоочулукту токтотуу керек. Жөн эле бөйрөктөн шыйрак чыгарууга негиз жок. Орусия деле аскерий аба базанын Кыргызстандан чыгарылышына кызыкдар эмес, тескерисинче алар үчүн да кызыкчылыгы бар, базанын Кыргызстанда турганы. Биз, кыргыздар өзүбүз чуулдап, “кереги жок, кетсин” деп талап кылып, чуу кылуунун кереги жок. Менин оюмча, Ооганстандагы кырдаал тынчымайынча, алыбызга жараша иштешибиз керек.

“Азаттык”: - Табылды мырза, Орусия Борбор Азиядагы таасирин сактап калуу үчүн түрдүү аракеттерди жасап жатат, деп айтып кеттиңиз. Орусияны ээрчиген учурда Кыргызстанда, же жалпы эле Борбор Азия мамлекеттеринде демократиялык баалуулуктардын өнүгүшү кандай болушу мүмкүн?

Табылды Акеров: - Чынын айтканда Орусия демократияны өнүктүрүүдө Борбор Азия өлкөлөрүнө үлгү болуп бере албайт. Себеп дегенде андан да демократиялуу өлкөлөр бар: булар Батыш Европа өлкөлөрү жана АКШ. Америка мурдагы ФРГда, Түштүк Кореяда өздөрүнүн үстөмдүгүн кылганы менен ал мамлекеттерде демократиялык өнүгүүнү шарттап, натыйжада алар адам укугу жана башка жааттарда өтө чоң жетишкендиктерге жетишип, өнүгүп кетишти. Мындан тышкары АКШда демократиялык партия бийликке келген учурда дайыма демократияга көп көңүл бурулат. Ошондуктан, Ооганстанга булар үстөмдүк кылган учурда да демократияга көп көңүл бурулуп, ал жерде демократиялуу өлкөнү орнотуп, бүтүндөй Орто Азияга демократиялык өнүгүүгө үлгү катары көрсөткүлөрү келип жатат, деп ойлойм. Бул жерде сөз жок кошумча аскердин киргизилиши – ал жерде демократиялуу өлкөнү куруу максаты болуп эсептелет.

Эмил Жороев: - Роза эже айтып кеткен Ричард Холбруктун дайыдалышы тууралуу сөздөргө мен мамлекеттик катчы, же бизче айтканда тышкы иштер министри болуп дайындалган Хиллари Клинтонду да кошуп кетет элем. Аны дайындоо учурунда Обама айтып кетти: Клинтон айым тышкы иштер системасын, анын ролун күчөтүп, АКШнын тышкы саясаты боюнча активдүүрөөк роль ойношубуз керек. Бул дегени – коргоо жана күч министрликтерине караганда тышкы саясаттагы дипломатиялык жагын активдештирүү керек, дегени болуп атат. Менимче, бул бир жагынан тынчтык жолу менен демократияны, жарандык коомду өнүктүрүү программаларын өнүктүрүү. Ошону менен бирге Барак Обаманын өтө прагмативдүү түрдө саясат жүргүзүп жатканын да белгилей кетишибиз керек. Анын нукура идеалдуу демократия курабыз, деп ураалап келе турган саясаты ишке ашпай калуусу мүмкүн. Ал эми Орусия менен канчалык биз тыгыз байланышта болсок, демократия багытында ошончолук өнүкпөй калабыз. Бул –анык.

“Азаттык”: - Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга кызыкдар болуп, Барак Обама Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укуктарынын сакталышына көңүл бурбай калуусу мүмкүн, деген тынчсыздануулар да айтылууда. Мисалы Түркмөнстандагы, Өзбекстандагы адам укугунун абалы.. Дегеле акыркы жылдарда АКШ ушул жаатта Борбор Азияны унутуп калды деген пикирлер да айтылып атты эле. Роза айым, мындай тынчсызданууга негиз барбы?

Роза Отунбаева: - АКШ Ирактагы согушту баштап, демократияны артка сүрүп, дүйнө жүзүндөгү демократиянын өнүгүүсүндө артка чоң кадамдарды жасады эле. Бул тууралуу Барак Обама ант берген күнү сөзүндө да айтып кетти. АКШнын мурдагы вице-президенти Альберт Гордун китеби Кыргызстанда да сатылып атат, биздин жарандар да алып окуп коюшса жакшы болмок. Ошол китепте Жорж Буштун саясаты канчалык зыян келтиргени жазылып турат. АКШ өзү демократиялык лидердик сапаттарын жоготту, деген мааниде жазылган. Эми мына Барак Обама келип, ошол демократиялык баалуулуктарды кайра ордуна коюуга аракет жасап жатат. Американын дүйнө жүзүндөгү аброюн кайра көтөрүүгө чоң аракеттер жасалууда. Мында тышкы иштер министрлиги чоң курал болуп эсептелет. Мен айтат элем: мына ушундай чоң казатка чыгып атышат, чоң иштер башталып атат. Дүйнөлүк каржы кризиси да бар, аны да унутпашыбыз керек. Эл курсагын ойлойт. Бирок баары бир жалпы дүйнөдө демократия бара-бара ордуна келгени биз үчүн чоң дүйнөлүк тенденция. Ушунун ичинде биз өзүбүз аракеттенип, катуу иштешибиз керек.

Ооганстанга демократияны алып келүү деген – менимче жаңылыш, анткени Ооганстанга биринчи кезекте жаңылануу керек. Ал жерде азыр орто кылымдык маанидеги эле турмуш өтүп жатат. А түгүл биздин Кыргызстанда да жаңылануу жүрүп атат, ошонун үстүнө дагы демократияны алып келип атабыз. Караңгылыкта жашабайлы десек, укугубузду жоготпойлу десек, ар бир адам четтен карап, “мына соттор болуп атат”, деп байкап отурбай, биздин тегеректеги өлкөлөрдөй абалда калбайлы десек, иштешибиз керек.

Табылды Акеров: - АКШ Ооганстанга демократия апкеле албайт, деп айтуу өтө татаалыраак. Эмне үчүн Ооганстанды тандап алышты? Себеп дегенде, биринчиден алардын мурдагы королу, бийлик башчысы Италияда, же башкача айтканда ал Европалык типтеги өнүгүүгө кызыкдар. Ал эми анын жардамчысы бүгүн Ооганстанда бийлик башында турат. Ошондуктан, булар мусулман өлкөлөрүнө Батыштагыдай демократияны алып келүү өтө оор болуп жаткандыктан, АКШ Ооганстанды тандап алды. Экинчиден, Ооганстан Борбор Азияга өтө жакын тургандыктан да бул өлкөнү тандап алышты. Бирок Орто Азия мамлекеттери Америка менен кандай байланыша алат, деген – сөз жок алар АКШнын пландарына туура келген багытта аракет кылышат. Себеп дегенде Кыргызстанда, Казакстанда, же башка өлкөлөрдө кландык система орногону менен алардын балдары же башка урук-туугандары Батышта ишкерлигин жүргүзүп жатышат. Мындайча айтканда өзүнүн бийлигин сактап калуу үчүн Борбор Азиядагы кланчыл система Орусия менен иштеп атат дагы, ал эми экономикалык кызыкчылыкта Батыш менен, же АКШ менен алака түзүп жатат.

“Азаттык”: -АКШдагы Мейсон Университетинин профессору, Борбор Азия боюнча адис, саясат таануучу Эрик МакГлинчи биздин кабарчыбыз менен болгон маектешүүсүндө “мурдагы президенттер Клинтон дагы, Буш дагы Борбор Азия өлкөлөрүндө тез арада абдан чоң өзгөрүүлөрдү күтүшкөн, ал тургай айрым мүмкүн болбогон өзгөрүүлөрдүн болушун күтүшкөн. Тилекке каршы, Борбор Азия өлкөлөрүнүн саясаты андай тез өзгөрүүлөргө ийкемдүү эмес болуп чыкты, ал тургай бул өлкөлөрдө жетекчилер алмашса дагы баштагыдай эле саясат улана берээрин көрүп жатабыз,” деген пикирин айткан. Эмил мырза, Американын жаңы президентинин саясаты Орто Азияда демократияны орнотууга канчалык деңгээлде күчү жетет, буга канча убакыт талап кылынышы ыктымал?

Эмил Жороев: -Менимче, бир нерсени байкап коюу керек. Биринчиден “суук согуш” эрасы бүткөндөн кийин эйфория заманы келген болчу. СССР кулагандан кийин ошол он беш республиканы демократиялаштырабыз, бул мүмкүн, деген ишеним бар эле. Ошол эйфория заманы бир аз өттү азыр, менимче. Терроризм биринчи орунга чыгып, ар бир өлкө негизинен тынчтык, коопсуздук маселелерин ойлонуп калышты. Башка мамлекеттер канчалык демократиялуу болушат, боло алышат, бул – ар кимдин өз ыктыярына калчудай иш болуп турат. Албетте, азыр Барак Обаманын администрациясы Буштун администрациясына караганда көбүрөөк демократия программаларына көңүл бурушат, бирок ошол эле учурда булардын прагматикалык жеке кызыкчылыктары, АКШнын улуттук кызыкчылыктары баары бир алар үчүн биринчи орунда турат.

“Азаттык”: -Урматтуу маектештер, сиздерге чоң рахмат!

Батыш басма сөз каражаттары Кыргызстандагы коррупция тууралуу

Кыргызстанда коррупция менен күрөш, саясий куугунтуктоолор, Казакстанда каржы кризисинин жаңырыктары – бул темалар батыш басма сөз каражаттарында да чагылдырылды.

Eurasia View интернет баракчасында чыккан бир макалада, Кыргызстандын билим берүү системасындагы коррупция талдоого алынган. Өлкөнүн жогорку окуу жайларында паракордук гүлдөп өсүп бараткандыгы бышыкталып, макалада интеллектуалдык жана кесиптик сапаттын начарлап кетүүсүн алдын алуу үчүн кыргыз бийлиги жаңы үлгүдөгү бир тестирлөө системасын киргизүүнү ойлонуп жатканы билдирилет.

Мугалимдердин айлык акысынын төмөн болушу жана өнөкөткө айланып калган коррупция бийликтин алдына койгон максатынын ишке ашуусуна чоң бөгөт болушу ажеп эмес экени макалада белгиленет.

Мындан сырткары макалада Кыргызстандын билим берүү системасында реформа жүргүзүү оңой олтоң иштерден эмес экени, бирок өкмөттүн проблеманын өнөкөт экендигине көзү жеткенинин өзү чоң ийгилик болору айтылат.

Баракчада Кыргызстан тууралуу жарыяланган экинчи макалада өлкөдө мал чарбасында өкүм сүрүп жаткан кыйынчылыктар чагылдырылат. Тоюттун баасынын асмандап көтөрүлүшүнөн улам дыйкандар колдорундагы малды сата башташканы далилденип, эгерде тез арада тийиштүү чара көрүлбөсө, калктын колундагы мал чыгашага учурап, сүт өндүрүмү кескин төмөндөп кете турганы эскертилет.

Лондондо чыгуучу Financial Times гезитинин өткөн жумадагы сандарынын биринде каржы кризис именен күрөшүп жаткан Казакстандын преизденти Назарбаев жеке банкир Григорий Марченкону Казак Борбордук Банкынын төрагалыгына дайындаганы билдирилет.

“2007-жылдын август айында АКШда башталган насыя капсалаңынан бери накталай валюта таңсыктыгынын алкагынан чыга албай келе жаткан Казакстандын экономикасынын өсүү деңгээли, өлкөнүн баштапкы валюта булагы эсептелген мунайдын баасынын эл аралык базарларда чукул төмөндөп кетүүсүнөн улам 10 пайыздан 3 пайыздарга чейин төмөндөп кетти” деп жазылат макалада.

Eurasia View интернет баракчасы “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевге каршы кылмыш ишинин козголушун көз жаздымда калтырган жок. Бул тууралуу баракчада жарыяланган макалада, Кыргызстанда жаңы эле коалиция түзүп бутуна турган жаткан оппозициянын жетекчилери бийликтин улам күчөгөн кысымына туш келип жатышканы белгиленет. “Өмүрбек Текебаевге куралды мыйзамсыз жасоо деген айып тагуу менен кылмыш ишинин козголушун талдоочулар саясий куугунтук катары баалашып жатышат” деп айтылат макалада.

Баракчада жарыяланган бир макалада болсо, Өзбекстан табигый газынын бардыгын Орусия аркылуу сатууга макул болгону билдирилет. Орусиянын РИА Новости кабар агенттигине таянуу менен жазылган макалада “өзбек газын Орусияга жана бир гана Орусияга сатат, ошондой эле аны орус бийлиги кандай пайдаланары өз эрки” деген Ислам Каримовдун сөзү келтирилет.

Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө

25-январда Кожомкул атындагы спорт ордосунда Улуу Ата мекендик согуштун баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүүгө арналган бокс боюнча эл аралык турнирдин күч сынашуулары башталды

Кечээ Бишкекте башталган эл аралык бул бокс мелдешине Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажистан жана Кыргызстандын тандалган эки жүзгө жакын булгаары мээлей чеберлери катышууда.

Кыргызстандын бокс федерациясынын президенти Абдубахит Халмурзаевдин айтымында бул мелдеш дүйнө, Азия чемпионаттарына жана 2012-жылкы Лондон олимпиадасына талапкер жигиттерди сыноонун бир этабы катары өтүүдө.

Рингдеги күч сынашуу он бир салмак боюнча улантылып, жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн иргеп алуу таймаштары болууда. Мелдештин дагы бир өзгөчөлүгү Эл аралык бокс федерациясынын чечимине ылайык, биринчи ирет 3 мүнөттөн 3 раунд таймашуу менен өтүүдө. Буга чейинчи эл аралык, дүйнөлүк мелдештер, чемпионаттар ар бири 2 мүнөттөн 4 раунд күч сынашуу менен өтүп келген.

Жеңил салмактагы алгачкы беттешүүлөрдө кыргызстандык Санжар Буларбек уулу, Шамил Неваза жана Бактияр Орозбек уулу жеңишке жетишти. Өзбекстандык спорт чебери Бахром Хидиров менен казакстандык Канат Тилепбаев дагы кийинки беттешүүгө укук алып, утуп чыгышты.

57 кг. салмактагы таймашууда оштук спорт чебери Ыйманбек Бийзаев казакстандык Бейбит Шалабаевди утту. Мелдештин кийин жеңишке жетишкен Ыйманбек алдыда дагы 4 таймашуу турганын, башкы максаты Лондон олимпиадасына жолдомо алып, мөрөйгө жетүү экенин “Азаттыка” билдирди.

Ушул 57 кг. салмакта 8 беттешүү болуп, мында казакстандык Нурсултан Кабылов, Даулет Кумисов, өзбекстандык Рустам Мустанов кийинки мөрөй талашууга жолу ачылды. Ал эми кыргызстандык Залкар Бакиров, Нурлан Кобашев, Таалай Жуманов, Хамит Вундиза аттандаштарын утуп, кийинки беттешүүгө укук алышты.

25-январдагы рингдеги күч сынашууларда 60 кг. салмакта казакстандык Елдос Саркулов, Нурлан Таласбаев, Абзал Бөрүбаев, Беглан Шакен, өзбекстандык Камолдин Ахметов, тажикстандык Жахонгир Тешебаев, кыргызстандык Рүстөм Насрединов, Эрназар Кудайбердиев жана Асылбек Таласбаев кийинки таймашууларга укук алышты.

Жогорку Кеңештин депутаты, профессиналдык бокстан дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орузбек Назаров чоң спорттогу жолу ушул мелдештен башталганын белгилеп, 2012-жылы Лондондо боло турган олимпиадага талапкерлерди тандоо турнири экенин айтты.

64 кг. салмакта кыргызстандык Урмат Рыскелдиев, Акматали Мадаминов, Ислам Долибаев, Азамат Калмаматов, Данияр Султанбаев, Ринат Мамырканов айырмаланса, казакстандык Айдос Ербосын уулу, өзбекстандык Санжар Рахманов жана кытайлык Акрем Барат атаандаштарын жеңип, дагы мелдешти улантууга мүмкүнчүлүк алышты.

Ал эми 69 кг. салмакта кыргызстандык Сталбек Дарканбаев, Асадулло Баймуратов, казакстандык Бекзат Төрөбаев айырмаланып, жакшы даярдыгын көрсөтө алышты.

91 кг. салмакта бишкектик Өмүрбек Рыскелдиев биринчи сыноодон өттү. Күн сайын кыйындар иргелип, таймашуулар курчуп баратат.

Чынында эле Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Орзубек Назаров, Андрей Курнявка, Нурлан Абдыкалыков, Алмаз Райымкулов, Таалай Кадыралиев жана башкалардын чоң спорттогу тушоосу Дүйшөнкул Шопоковду эскерүү мелдешинде кесилип, алар спортко тагдырын арнаган.

Кеңеш курамы учурунда бул мелдештин кадыр-баркы жогору болсо, эгемендүүлүк алганы таасири төмөндөп кеткен. Кийинки үч-төрт жылдан бери кайрадан уюшкандыкта өткөрүлө баштады.

Мелдештин биринчи күнүндө 37 беттешүү болуп, мында мыктылар иргелип, кийинки таймашууга укук алышты.

Ар күн сайын мөрөй талашуу саат 12де башталып, мыктылар тандалып жатат. Эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү 30-январда аныкталат.







Жаңырган жуманын маданий окуялары

Бул жумада белгилүү эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева жеке концертин тартуулайт.

Ырчынын чыгармачылыгын 20 жылдыгына карата уюштурулчу концерттин алкагында Айчүрөк Иманалиеванын чыгармачылык турмушун чагылдырган китептин бет ачаары болот. Кечеге бир катар белгилүү ырчылар, “Айчүрөк” эстрада театрынын таланттары катышат. Ал эми Айчүрөк Иманалиева болсо күйөрмандарына бир катар жаңы чыгармаларын жана эски ырларын тартуулайт.

Орус драма театрынын артистери Гогольдун “Сүйүүнү орустар ойлоп табышкан”, Клод Маньенин “Блез” комедиясын жана Мар Байжиевдин пьесасы боюнча сахналаштырылган “Окуя” спектаклин тартуулашат. Ал эми Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында бул жумада “Айчүрөк” операсы коюлат.

1-февралда кыргыз циркинде “Жылдыздар цирк манежинде” аттуу долбоордун биринчи айлампасы өтөт. Бул теледолбоорго белгилүү ырчы, чоорчу, бийчи, саясатчы, акын-жазуучу, банкир, спортсмен жана башка ар кыл кесиптин ээлеринен 11 катышуучу тандалып алынган. Алар цирк жанрынын ар кыл багыттарында үч айлампада ат салышат. Жеңүүчүгө 100 миң сом сыйлык ыйгарылат.

Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде 30-январда сүрөтчүлөр Бакыт жана Нурдин Мусаевдердин “Түрлүү түштөр” аттуу көргөзмөсү ачылат.

2008: Скинхеддердин чабуулу күчөдү

Москва бийликтери 2007-жылдын 4-ноябрында улутчулдарга марш өткөрүүгө уруксат беришкени үчүн азырга чейин сынга алынышууда

2008-жылы Орусияда скинхеддердин колунан өлгөндөрдүн саны тарыхта болуп көрбөгөн жогорку чегине жетти.

Расмий кабарларда үч кыргыз жараны былтыр орусиялык улутчул "такырбаш" жаштардын колунан набыт болгон делет. Укук коргоочулар скинхеддер ондон ашуун кыргыз жаранын өлтүрүштү дешет.

Орусияда "такырбаштар" (скинхед) кыймылынын жаралышына 1990-жылдардын этегинде орус жерине агылган мигранттар да башкы себеп болуп калды. СССР кыйрагандан кийин анын оордун баскан КМШдагы өлкөлөр ич ара чекарасын ачышты. 2000-жылдардын башында аймактагы жарды мамлекеттердин жарандары, алардын ичинде борбор азиялыктар да, Орусияга агылып келе башташат.

Кыргызстандан эле орус жерине келгендердин саны расмий маалыматтарда бүгүн 300 миңдин тегерегинде деп айтылып жүргөнү менен, көз-карандысыз аналитиктер кеминде бир миллион кыргыз жараны Орусияны убактылуу мекендеп калганын билдиришет.

«Жолдо бирөөлөр жаш баласы менен баратышса, балдарын бизден алып качканга аракет кылышат. Кудум, биз алардын баласын уруп же сөгүп кое тургандай түр көрсөтүшөт. Бизди билими жок дешеби, өтө эле караңды деп эсептешет…»

Кубанычбек Сапаров менен мен Москвада 2007-жылы көрүштүм. Кичинекей эки бөлмөлүү квартирада алар 20 ашуун болуп жашашчу. Ал кезде Кубаныч югославтардын курулуш фирмасында усталардын бирине жардам берип жүргөн. Аны менен бирге бул ишканада 300дөй борбор азиялык мигрант да бар эле. Тажиги да, өзбеги да, кыргызы да көп.

Расалык согуш


Москва, Санкт-Петербург, Нижний-Новгород, Самара… иши кылып, Ыраакы Чыгыштан тарта баш калаага чейин баардык ири шаарларда борбор азиялык мигранттарды жолуктура аласыз. Өлкөнүн каеринде курулуш болсо, көчө шыпыруучулар талап кылынса, каеринде арзан жумуш күчү керек болсо, ошол жерде мигранттар.

Жергиликтүү калктын буга нааразылыгы улутчул жаштардын тобун жаратты.

Бутунда кара өтүк, чачы кырылган агрессивдүү жаштар «Орусия орустар үчүн!» деген чакырыгы менен алгач баш көтөрүп чыккандан бери дээрлик 10 жыл өттү. Өздөрүн англис тилинде «skinhead», же «такыр баш» деп атагандардын чабуулдары алгач бирин-серин ур-токмок менен гана чектелип келсе, жыл өткөн сайын бычагынын мизин кайрап, алар канга тойбогон канкор сымал өлтүргөн мигранттардын эсебин да жоготуп койгонсуйт…

Маселеге алгач анча көңүл бурбаган Кремль акыркы эки-үч жылда улутчулдукка каршы күрөшүү зарылдыгын кайталай баштагансыйт. Бирок «бийлик вертикалынын» тушунда баштан берилген буйрук астындагы жөнөкөй милиционерге чейин жеткиче бир топ жыл талап кылынды.

Ушул аптанын башында Москвада бир нече чет-өлкөлүктөргө кол cалган үч скинхед кармалды. Акыркы бир жылда милиция скинхеддерди кармаганы тууралуу кабарлар улам айтылып жатканы менен, улутчул жаштардын чабуулдары да күчөгөнү байкалат.

Өзбек, тажик, кыргыздар көп өлдү

Галина Кожевникова - «Сова» борборунун директорунун орун басары
«Азаттык» Орусиядагы улутчулдукту изилдеген эки башка уюмдун эксперттерин кепке тартты.

Бул эки уюмдун маалыматы көп жагынан бири-бирине окшош. Алардын бирөө - «Сова» аналитикалык борбору.

Галина Кожевникова - ушул уюмдун жетекчилеринин бири – азыр былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарган баяндаманы даярдап жатат.

"Былтыркы жылдагы башкы тенденциялар таң калтырат", - дейт ал. - Улутчулдардын зомбулугу күчөдү. Бүгүнкү күнгө карата биз 93 адамдын өлүмү тууралуу так айта алабыз. Ошол эле учурда, бул фактыларды аныктоо мурдагыдан да татаалдашып кетти. Анткени адатта чет-өлкөлүк бирөө жарым өлсө, муну жөн гана үйдөгү уруш-талаштан келип чыккан нерсе катары көрсөтүшөт. Андыктан бул биз үчүн эле эмес, милиция үчүн да кыйынчылыктарды жаратууда".

Биздин экинчи маектешибиз – Семен Чарный - Москвадагы адам укуктары бюросунун негизги эксперттеринин бири. Ал да былтыркы жылы скинхеддер өтө агрессивдүү кадамдарга барышканын негизги өзгөрүү катары белгиледи:

«Алар мурдагыдай чаржайыт эмес, уюшулган топторго айланды», - дейт эксперт. - Негизи, скинхеддерден турган профессионал бандалар былтыр эмес, 2007-жылы эле түзүлө башташкан. Бирок алардын чабуулдарынын кесепети былтыр өзгөчө сезилди. Булар, мурда биз билген скинхеддерден айырмаланып, пиво ичип алып, көчөдө бараткан түркмөндү же кыргызды коркутуп, тепкилеп коюшпайт. Алардын конкреттүү планы бар - башка расадагыларды өлтүрүү".

Башка улуттагылардын арасында былтыр эң көп өлгөндөрдүн катарына алгачкы ирет кыргыздар да кошулду.

«Улутчулдардын колунан өлгөндөрдүн саны боюнча биринчи үч орунда борбор азиялыктар турушат, - деди С.Чарный. - Өзбектерден 20 адам көз жумду, 29 киши жаракат алды. Тажиктерден 10 адам өлүп, бешөөсү жаракат алды. Ошондой эле, 10 кыргыз набыт болду, бешөөсү жабыркаган».

Семен Чарный өлгөн жана жабыркагандардын реалдуу саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбай турганын эскертти. Анткени көп учурда улутчулдардын курмандыктарына айлангандар укук коргоо органдарына кайрылышпайт. Буга да толтура себеп бар.

«Сова» уюмунун эсебинде Борбор Азиядан келгендердин арасында өлгөндөрдүн саны мындан да көп.

«Былтыр борбор азиялыктардан 48 адам скинхеддердин колунан көз жумду жана 107 адам жаракат алды, - деди Г.Кожевникова. - Салыштыра кетсек, 2007-жылы Борбор Азиядан келгендерден 30 адам курман болгон, 78 жаракат алган. Булар - Борбор Азиядан экени так аныкталгандардын саны. Көбүнчө, жөн гана «славян эместерге кол салынды» деп гана кабарланат».

Бирок расмий маалымат "такырбаштардын" колунан өлгөндөрдүн саны аз экенин көрсөтүүдө.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин алдындагы консулдук кызматынын жетекчиси Айжигит Буранов мырза «Азаттыкка» буларды айтты: "2008-жылы Орусияда 14 кыргыз жараны түрдүү себептерден киши колдуу болгон. Алардын тогузунун иши иликтенип бүттү. Калган фактылар боюнча иликтөө иштери уланууда. Скинхеддердин колунан үч кыргыз жараны набыт болгону так анык. Эки жарандын өлүмү боюнча иш ачылды, бирөөсүнүн иши иликтенип жатат".

Консул А.Буранов 2008-жыл кыргыз жарандары үчүн да улутчулдардын чабуулдарынын айынан өлүм эң көп катталган жыл болгонун айтат. «Азыр кыргыз тарап өз жарандарынын өлүмү тууралуу маселени Мамлекеттик думада, орус омбудсманы менен жолугушууларда көтөрүп, кылмыштардын кылдат иликтенишин талап кылып жатат», - деп кошумчалады ал.

Күрөш башталды… бы?

Иштер жакшы тергелет деген ишеним да жарала баштагансыйт. Адам укугун коргоочулар былтыркы жылы байкалган негизги тенденциялардын бири катары милициянын жана тергөө органдарынын ыкчамдуу иштей баштаганын белгилешүүдө.

«Улутчулдардын зордук-зобунун иликтөө иштери былтыр сапаттык жагынан алда канча жакшырганын айтууга болот, - деп таң калганын жашырбады Г.Кожевникова. - Жалпысынан 33 соттук өкүм чыгарылды. Чынында, бул анча деле көп эмес деңизчи. Ошентсе да, тарыхта мынчалык көп өкүм катталган эмес. Тергөөчүлөрдүн ишинин сапаты, күнөөнү далилдөө жагынан алда канча алдыга жылды».

Буга чейин милиция улутчул жаштарга каршы жетиштүү чара көрбөйт деген доомат көп айтылчу. Анан эмне себептен былтыр абал кескин өзгөрүп кеткенин, мисалы, Кожевникова айым болгону Москва прокурорунун алмашканы менен гана түшүндүрдү. Андыктан милициянын иши системалык түрдө өзгөрдү деп айтууга болбойт деп ойлойт бул айым.

Александр Белов – Мыйзамсыз миграцияга каршы кыймылынын өкүлү. Москва, 1-май, 2008
Аналитик Чарный бирок бул ойго анча кошула бербегендей.

Милициянын ишиндеги өзгөрүү улутчулдар менен байланышкан абал болуп көрбөгөн чегине жеткендиктен орун алып жатат дейт ал. Ошентсе да, аткарылып жаткан иштер, анын пикиринде, жетишсиз.

«Эми улутчулдуктун өзүн болтурбоо үчүн анын алдын алуу системасы бутуна тургузулса, иш алдыга жылат. Ансыз бир топту кармашса, экинчиси баары бир пайда боло берет», - деди Москвадагы адам укуктары боюнча бюронун аналитиги Семен Чарный.

Улутчулдуктун алдын алуу системасы, чындап алганда, бүгүнкү Орусиядагы машакаттуу маселелерден. Анткени маалымат каражаттары, саясатчылар, белгилүү адамдар, башкача айтканда, калктын басымдуу бөлүгүнүн аң-сезимине таасир эте ала турган тараптар көп учурда чет-өлкөлүк мигранттар тууралуу терс мүнөздө сүйлөшөт.

Гезит-журналдарда, интернет сайттарда көбүнчө Орусиядагы кылмыштуулук Кавказдан же Борбор Азиядан келген мигранттардын айынан өсүп жатканы жазылат. Ошол эле учурда, расмий маалыматтарга ылайык, адатта, орус жериндеги жалпы кылмыштуулуктун 3-4% гана мигранттар менен байланыштуу.

Чындыкка айланган миф

Дүйнөлүк экономикадагы кризис мигранттарга да таасир этип, жумушсуз көчөдө калгандар эми өз мекенине кайтканга мажбур болот деген жоромолдор айтылууда. Бирок биз баарлашкан эки эксперттин бирөө да буга ишенбей турганын билдиришти. Анткени орус жериндеги борбор азиялык мигранттар жергиликтүү калк эч кандай шартта жасабай турган иштерди аткарышат. Көчө шыпыруу, курулушта иштөө өңдүү азиялык мигранттар арасындагы популярдуу кесиптерге жакшы төлөнбөйт, шарттары да начар.

Биз жогоруда атап өткөн укук коргоочу эки уюм Орусиядагы улутчулдукту такай изилдеп келаткан негизги борборлор катары белгилүү. Алар бир топ жылдардан бери жылдык отчетторун чыгарып, аны орус бийликтерине сунушташат, фактылардын иликтенишин талап кылышат. Бул эки уюм тең ушул күндөрү 2008-жыл боюнча баяндамасынын үстүндө иштеп жатышат. Жакынкы күндөрү ал тууралуу кеңири айтылышы күтүлүүдө.

Галина Кожевникова «Сова» аналитикалык борборунун отчетунда айтылган негизги жыйынтыктар тууралуу «Азаттыкка» буларды айтты:

" Башка улуттагы адамды жек көрүү менен кол салган адамды Орусиядагы Кылмыш кодексиндеги 10дон ашуун берене менен айыптаса болот. Расисттерди айыптай турган ушул баардык беренелер былтыр колдонулду. Бул - өтө чоң прогресс! Анткени көп беренелер 2007-жылы гана кодекске киргизилген жана бир эле жылдын ичинде активдүү иштей башташты. Адатта, бизде мыйзам иштей башташы үчүн, жок эле дегенде, 4-5 жыл өтөт. Улутчулдукту пропагандалоого каршы 282-берене боюнча, мисалы, былтыр 41 өкүм чыгарылды! Андан сырткары, экстремизм боюнча 280-берене да жети ирет расисттерге каршы колдонулду. Буга чейин мындай активдүүлүк байкалган эмес. Бул алгачкы ирет болуп жатат."

Скинхеддер бүгүн, чечен согушу, же журналисттерге чабуул сыяктуу эле Орусиянын эларалык абройуна шек келтирип жаткан негизги проблема.

Улутчул жаштардын тобу өз мезгилинин демин туура пайдаланып, расисттик идеологиясын интернетте да колдонуп, дүйнөдө «орус муштуму» жөнүндө миф жаратууга жетишкен өңдүү.

Бул уламыш жылдан жылга кандуу чындыкка айланып бараткансыйт…

Грек-рим күрөшүнөн чемпиондор аныкталды

24-январда Бишкекте грек- рим күрөшүнөн өлкөнүн быйылкы чемпиондору аныкталды.

Кечээ грек- рим күрөшүнөн 4 салмак боюнча Кыргызстандын 2009-жылкы чемпиондору аныкталса, бүгүн үч салмак бобнча таймашууларга жүзгө жакын балбан катышты.

60 кг салмакта өлкөнү дүйнөгө тааныткан Бээжин олимпиадасынын жана15-Азия оюндарынын коло байге ээси Руслан Түмөнбаев Түркиядагы эл аралык мелдешке катышып жаткандыктан жаштар күч сынашты.

Балбандардан иргелип олтуруп, финалга олимпиадалык резерв окуу жайынын өкүлү, уландар арасында дүйнө биринчилигинин коло медаль ээси Атай Койчукулов менен Кыргыз дене тарбия академиясынын студенти Азиз Бейшалиев чыгып, Атай жеңишке жетишти.

74 кг салмакта күрөшүп жүргөн Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Данияр Көбөнов дагы бул ирет жаштарга кезек берип, мелдешке катышкан жок.

Мында баш байге үчүн уландар арасында дүйнө чемпионатынын коло медаль ээси Асылбек Бөдөшев менен “Бүркүт” спорт клубунун балбаны Магомед Мутаев күрөшүп, Магомед өлкөнүн 2009-жылкы чемпиону болду.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Раатбек Мамбетовдун пикиринде грек-рим күрөшүнө кызыккан жаштар арбын болуп, быйылкы чемпионат атаандашуу кырдаалында өттү.

96 кг салмакта болсо Кыргызстандын көп жолку чемпиону, олимпиадалык даярдоо борборунун балбаны Азат Эркинбаев финалда бишкектик Мухамед Орозовду утуп, Азат чеберчилигин көрсөттү.

Өлкөнүн грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти, Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев жаштар арасында грек-рим күрөшүнөн дүйнө, Азия чемпиону Каныбек Жолчубековго бир бөлмөлүү үйдүн сертификатын тапшырып, ага ийгилик каалады.

Кубанычы койнуна батпай турган Каныбек Жолчубеков дагы алдыда дүйнө, Азия чемпионаттары, Лондон олимпиада сыноолору турганын айтып, Кыргызстандын намысын коргой турганын “Азаттыкка” билдирди.

Экөө бирдей – эл да, бийлик да өзгөрүлүшү керек

Аткаминерлердин бир-экиси эмес, сүрмөтобу менен кызматтан бошотулушу негизи сейрек кездешчү көрүнүш. “Азаттыктын” бүгүнкү “бетме-бет” талкуусунда апта соңунда чыккан орун алмаштыруулар, кардык өзгөрүүлөр жайында кеп болмокчу.

- Бүгүн биз кадр алмашуулар, аткаруу бийлигиндеги өзгөрүүлөр жайында кеп кылсакпы деп турабыз. Талкууга белгилүү коомдук-саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, парламент депутаты, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бейшен Абдыразаков мырзалар катышууда.

- Мукар мырза, кадрлардын сүрмөтобу менен кызматтан айдалышынын артында кандай максат-мүдөө бар деп ойлойсуз?

Мукар Чолпонбаев:
- Бул бир канча факторлорго байланышкан маселе. Президенттин айланасында бир канча топтор жүргөн. Жаныш Бакиев менен Максим Бакиевдердин тобунун таасири бар болчу. Максимдин артында Медет Садыркулов турган. Ал кеткенден кийин анын кишилерин кызматтан кетирүү маселеси пайда болду. М.Садыркулов сунуш кылган кызматка макул болгон жок. Ошондон ал эртең оппозициянын катарында болушу ыктымал же жаңы оппозиция түзүшү мүмкүн.

Кызматтан алуулар Медет мырзанын кадрлары биздин катарыбызда турбасын дегендик го. Анын үстүнө ал кадрлардын баары эле ошол онбештин ичинде бийликтен кеткен жок. Анан Ишенбай Кадырбековдун кылмыш иши Ленин райондук сотто каралып жаткан кезде ошол эле А.Ногоев, И.Болжурова, башка өкмөт мүчөлөрү, орунбасарлар жөнүндө кескин сөздөр айтылып кеткен. “Чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле” демекчи, экөө аралашып минтип массалык түрдө кызматтан кетип жатышат. Үчүнчү фактор – Данияр Үсөновдун келиши. Бул киши бир сомду эки сомго айланткан адам. Мындай адамдар Орусиядан 2 миллиард доллар кредит келип жатканда абыдан керек. Президент бийлигин бекемдеп жатат.

- Бейшен мырза, бул кадрдык жүрүштөр бир топтун экинчисинин үстүнөн үстөмдүк кылуусу эмеспи?

Бейшен Абдыразаков:
- Мен бир үч-төрт вариантты айткым келет. Революция өткөндөн бери үч жыл өттү. Андан жыйынтык чыгышы керек. Президент жыйынтык чыгарды. Анан Д.Үсөнов бул кызматка келгенден кийин өзүнүн командасы менен иштеш керек. Үчүнчүдөн, жаңы команда, жаш кадрларды алып келиш керек. Төртүнчүдөн, бийлик оппозиция менен тил таап, анын өкүлдөрүн ишке тартыш керек.

- Мукар мырза, өкмөттүн теңине жакыны кетти, дагы кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

Мукар Чолпонбаев: - Өкмөт мүчөлөрүнүн кимиси кимдер менен иштеп келгенин жакшы билебиз го. К.Бакиев мурда өкмөт башчысы кезинде чогуу иштешкен өкмөт мүчөлөрүн алып келип, эки жылдан кийин аларды бошотуп ийиши негизи туура эмес иш деп ойлойм. “Дарак бир жерден көгөрөт”. Буларды ордунан козголтпой ишенимдүү иштетип койсо жакшы болмок. Анан өзүнчө команда болуп келет деп атышпайбы.

Команда саясатта болушу мүмкүн. Мейли министр команда болсун, бирок алардын орунбасарлары мамлекеттик кызматкерлер да. Алар бир-эки жылда даярдалбайт. Саясатка мунун эч тиешеси жок. Жаңы кдарлар келет деп атабыз. Т.Калимбетова менен М.Султановдун ордун алмаштырып коюудан эч нерсе өзгөрбөйт. М.Султановдун Каржы министрлигине келиши орусиялык 2 миллиарддык доллардын амалы. Ал акча кимге кызмат кылат? Мурда беребиз деп тынчып калган акча кризис күчөгөндө берилишинин мааниси жумушсуздук күчөгөндө орусиялык акчанын кайра эле өзүнө кайтарып алуунун амалы. Биз энергетикалык жабдууларды ошол эле Орусиядан сатып алабыз. Акча кайра эле өздөрүнө кетет. Ал эми ал акчага 10% үстөк төлөп турушубуз Кыргызстанга абдан эле оордук кылат.

- Бейшен мырза, өкмөттү толугу менен кызматтан кетирүүгө эмне үчүн болбоду?

Бейшен Абдыразаков: - Менимче бул премьер-министрди сактап калуунун амалында жасалган иштер болушу керек. Мына И.Чудинов Москвага барып 2 миллиард долларды алып келип жатпайбы. Ачык айтышыбыз керек, кыргыз өкмөт башчы болгондо мынчалык акчаны орустар бермек эмес. Бизге бул киши керек. Анан Кыргызстандын Союздан келген 192 миллион доллар карызы жоюлду. Үчүнчүсү, Орусия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз андан алыстабашыбыз керек.

- Мукар мырза, биринин шапкесин экинчисине кийгизүүнүн арты кандай болот?

Мукар Чолпонбаев: - Мен Бейшенбек мырзанын айрым пикирлерине кошулам. Бирок Орусия менен карым-катнаш ага жагынуу үчүн гана болгон аракет. Орустар Кыргызстандагы абалдын туруктуу, алардын саясатын колдой турган бийликти жактырышат. Оруска ыктаган И.Чудинов эмес, башка кыргыз деле өкмөт башкарып турса орустар ага макул болмок. Геосаясат деген ушуга алып барат. Биздин өкмөттө отургандар болсо өздөрүнүн бизнесин гана сактап калгысы келгенден башканы ойлонушпайт. Булардын ордун алмаштыргандан эч нерсе өзгөрбөйт.

- Бейшен мырза, орун алмашуулар дагы уланабы же “жаңы кан” кошулабы? Жаштар ишке тартылабы?

Бейшен Абдыразаков: - Менин оюм да ошол. Жаштар, жаңы көз караш, позиция келмейин экономика, мамлекет да өспөйт. Коммунисттик система башына сиңип калган адам жаңыча иштей албайт. Орун алмашуудан эч нерсе өзгөрбөстүгүн айтып жатпайсыздарбы. Мен жалаң эле жаштар келип калат дегенден алысмын. Биз кимдин ким экенин жакшы билебиз го. Жаңы муун келиши керек. Жаштар келмейинче коом алмашпайт.

- Эми мырзалар, соңку суроо. Көптөн бери кеп болуп келаткан кадрдык реформа саясий жаңыланууларга жол ачышы мүмкүнбү?

Мукар Чолпонбаев: - Эч нерсе өзгөрбөйт! Азыркы бийлик өзүнө ылайыктуу системаны түзүп алган. Аны өзгөртүшкө көңүлү жок. Ал үчүн башка күчтөр керек. Элди өзгөртүш үчүн мамлекеттик идеологияны түзүшүбүз керек. Биз каякка барабыз, эмнени курабыз? Аны өзгөртө албасак, азыр элдин бийликке таптакыр ишеничи жок. Азыркы бийлик элге жолтоо кылгандын ордуна тийишпей тынч коюп койсо жакшы эле болмок. А.Акаев менен К.Бакиевдин тушунда бир эле идеология, ар бир киши өз турмушун өзү жөндөп кетүүсү болду. “Сен мага тийбе” принциби өкүм сүрдү. “Кайсы жерде жакшы болсо ошол жерде жан бак”, деп коюшту. Биздин идеология тескерисинче болушу керек. “Элим, мынабул жер сенин жериң, кыргыздын жери, кыргыз элиники. Кыргыз жеринде жакшы жашоого шарт түзүп келечек муундарга тапшырып кетишибиз керек”, деген идеология болушу керек. Биз Орусияга, Америкага, башка жерлерге көчүп кете берсек, эртең бул жерге башкалар көчүп келип, Кыргызстан болбой калышы мүмкүн. Бийлик коррупциядан ажырап, өзүнүн жаңы идеологиясын бериши керек.

Бейшен Абдыразаков: - Коом өзгөрүшү үчүн адамдар өздөрү өзгөрүшү керек. Маалымат, технология талаптарына жооп бере алган коом болсок, ошондо гана өсө алабыз. Бийликти реформа, Конституцияны өзгөртүү менен биз эч нерсени чече албайбыз. Адам өзүн өзгөртүш керек.

Аптанын маданий окуялары

Бул жумада Орусиядагы кино үйүндө 1969 жылы “Мосфильм” киностудиясы тарабынан Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча тартылган “Жамила” фильми тартууланды.

Ага Орусиянын чыгармачыл, интелегенция өкүлдөрү катышты. Бул иш-чараны Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги уюштурду.

Маданият жана маалымат министрлигинде кино тармагын чагылдырган мыкты журналистер үчүн Каарман Ашимов атындагы сыйлык негизделди. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей редакциялар үчүн 25 миң, 15 миң жана 10 миң ал эми журналистер үчүн 15 миң, 10 миң жана 5 миң сом сыйлык чектелген. Ал эми сыйлыкты тапшыруу аземи 17-ноябрда Улуттук кинонун күнүндө өтөт.

Балдардын “Сейтек” борборунда “Музыкалык кыш - 2009″ фестивалы уюштурулду. Анда мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу балдар жана өспүрүмдөр өнөрлөрүн көрсөтүштү. Иш-чаранын максаты мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды көркөм өнөр аркылуу социалдык чөйрөгө көндүрүү. Мындай балдар үчүн чыгармачылык өзү жөнүндө айланасындагы чөйрөгө айтып берүү мүмкүнчүлүктөрүнүн бири болуп эсептелет. Фестивалга конок катары “Шаттык” жана “Улыбка” бий ансамбли чакырылган.

Клинт Иствуддун “Гран Торино” аттуу тасмасы түндүк Американын кинотеатрларында көрсөтүлүп, алгачкы үч күндө 29 млн доллар киреше алып келген. Анда Вьетнамдагы кары ардагердин турмушу тууралуу баяндалган. Бул тасма менен катар башкы ролдордо Энн Хэтэуэй и Кейт Хадсон ойногон “Айымдардын согушу” аттуу кинотасма эң көп киреше тапкан тасмалардын катарына кирет. Бир күндө турмушка чыгууну каалаган эки курбунун окуясын чагылдырган бул комедия 21 млн доллар киреше алып келген.

Жазуучу Павл Бажовдун130 жылдыгына карата Екатеринбург опера жана балет театрында Сергей Прокофьевдин “Таш гүл” аттуу балетин кайрдан жаңыртып коюшту. Аны үчүн Москвадан хорегорав Андрей Петров баштаган чыгармачыл топ чакырылган. Ал эми чыгармага Орусиянын эл артисти Сергей Стадлер дирижерлук кылган.

Белгилүү индиялык сүрөтчү Сайед Хадер Раза кезектеги жеке көргөзмөсүндө, эмгектеринин жасалмаларын тапкан. Мындай чырдан улам музейдин кызматкерлери көргөзмөну жабууга аргасыз болушкан. Алардын билдирүүсүндө сүрөтчүнүн эмгектерин галлереяга анын жакын туугандары алып келгендиктен, эч кандай шектенүүлөр болгон эмес.

Юрий Башмет тарабынан негизделген эл аралык музыкалык фестиваль бул жылы Сочиде 1-февралдан тарта 7-февралга чейин өтө турган болду. Аталган фестиваль алгачкы ирет 2008-жылы уюштурулуп, көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынган. Мына ошол себептен уюштуруучулар бул иш-чараны салтка айландырууну чечишкен.

Смоленскийдин жашоочулары бул жумада белгилүү “Катюша” ырынын автору Михаил Исаковскийдин 109 жылдыгын белгилешти. Ага арналган салтанатта маркумдун ырларынан көркөм окулуп, обондуу чыгармалары аткарылган. Исаковский сыйлыгынан лауреаты, акын Николай Кеженовдун айтуусунда көптөн бери маркумдун эстелигинин жанына мынчалык көп эл чогулган эмес.


Саясий мүдөөгө садага чабылган кадрлар

Президент К. Бакиевдин Жарлыгы менен бир эле күндө жогорку бийлик эшелонундагы он беш атка минер кызматынан алынды. Кызматтан түшкөн кадрлар президентин соңку чечимдерин саясий зарылчылык деп айтып жатышат.

Кызматтан кеткен атка минерлердин катарында:

Искендербек Айдаралиев -
биринчи вице-премьер- министрдин кызматынан,










Мурат Исмаилов -
өкмөттүн аппарат башчылыгынан,











Арстанбек Ногоев - а
йыл чарба жана кайра иштетүү министри кызматынан,










Ишенгүл Болжурова -
билим жана илим министри кызматынан,








Кубанычбек Сыйданов -
Чүй облусунун губернатору кызматынан алынды.








Жардыкта кызматтан алынгандардын басымдуу бөлүгү башка кызматка барары белгиленген.



Буга чейин президент администрациясынын башчысы Медет Садыркулов,










вице-премьер-министр Эльмира Ибраимова,










тышкы иштер министри Эднан Карабаев кызматынан кеткен.








Ак үйдөгү жапырт кадрдык жаңылоонун себеп-жайына президенттик администрация эч кандай түшүндүрмө бере элек. Кызматынан кеткен аткаминерлер деле өз ойлорун айтуудан кылчактап турушат. Ошол эле мезгилде президенттин тарапкерлери бошотулган кадрларды президент тигил же бул кызматка пайдаланарына ишендирип жатышат. Бирок алар башкы милдет кызматтан алынгандарды жайгаштыруу эмес, башкарууга жаңы муундагы кадрларды алып келүүдө болуп жатканын айтышууда.

Жогорку Кеңештеги коммунисттер фракциясынын башчысы Искак Масалиевдин көз карашында
мындай кадамга барууга дүйнөдөгү экономикалык бурулуштар, каржылык кризис таасир этти.


.
“Ак жол” партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештеги комитет төрагасы Зайнидин Курманов жаңы муунга орун бошотуу максатында жасалган бул кадамды колдоду:

- Биз келечекти ойлосок өзгөрүшкө жол беришибиз керек. Баягы эле эски кадрларга таянбашыбыз керек, алар өз милдеттерин аткарышты. Бирок мен жардыктардан көрүп атам, башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу деп турат, алардын мүмкүнчүлүктөрү, тажрыйбасы да пайдаланылат.


Саясат талдоочу Марс Сариев президенттин акыркы чечимин революциялык кадам деп баалады:

- Менимче Акаевдин заманынан бери азыркы жараяндарды байкай албай калган эски кадрлар иштеп атышат. Мен ойлойм, азыр сапаты бийик, билими жогорку кадрларды алыш келет. Азыр кадрдык революция жүрүп жатат деп айтса болот, кадрдык революция жүрүп атат, муну колдош керек.

Президент Курманбек Бакиев бийликке келгендеги Коопсуздук Кеңешинин алгачкы катчысы Мирослав Ниязов президенттин кадр алмаштыруулары мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн принципиалдуу өзгөрүүлөрдү алып келерине дегеле ишенген жери жок:

- Жеке үй-бүлө кызыкчылыгынан улам мына бул иштердин бардыгы болуп атат. Ошондуктан кадр тажрыйбалуу, акылдуу болсо да өзүнүн мүмкүнчүлүгүн ишке ашыра албайт. Бүгүнкү бийликтин Кыргызстандын кызыкчылыгына иштей турган мүмкүнчүлүгү жок. Бийликке ким келбесин, ахыбалды оңдоо эч кимдин колунан келбейт.

Анткен менен президент Бакиев бийликке келген алгачкы мезгилдери кадр саясатынын туруктуулугуна жетишери, кадрларды байма-бай алмаштыруу өз жемишин бербестиги тууралуу бир нече ирет айтканы бар. Президент Курманбек Бакиев бийликке келген 2006-жылдан бери төртүнчү премьер-министр менен кызматташып жатат.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев азыркы президент мурдагы президенттин кадр саясатын эле улап, иш жүзүндө эгемен Кыргызстанда стратегиялык кадр саясаты калыптанбай жатат деген ойдо болууда:

- Жеке кызыкчылыктар менен саясий оюндар такай эле аралашып жүрөт. 2005-жылдан кийин деле, андан мурда Акаевдин тушунда деле кадр системасы калыпка салынган жок, тандоо, өстүрүү болгон жок. Окуу жайлар, президенттин академиясы негизделип, кафедралар иштегени менен, бул илимий негизде болгон жери жок. Демократиялык принциптер колдонулбай эле жеке берилгендик, жердешчилик, кланга таандыктык, коррупциялык көз карандылык өңдүү белгилер менен дайындалып келген. Азыр андан да күчөп баратат.

Буга жараша талдоочу азыр ээрден түшкөн аткаминерлердин ордуна келе турган даяр кадрлар байкалбай жаткандыгын белгиледи. Ошого жараша азыр иштен кеткен кызматкерлердин ордуна чын эле билими, тажрыйбасы заманбап жаштар келеби же орун алмаштыруу менен эле чектелеби, ал деле бүдөмүк бойдон турат.

Бейрасмий булактарда кызматтан кеткендердин бир тобун президент кайра эле жылуу-жумшак кызматтардын бирине коюп, президенттик шайлоо босогодо турганда аларды таарынтпоо аракетин кылат деп айтылууда. Эске алынчу аткаминерлердин катарында азыр Медет Садыркулов, Искендербек Айдаралиев, Эднан Карабаев, Ишенгүл Болжурова, Жумадыл Исаков ( Ош шаарынын мурдагы мэри), Нурлан Айтмурзаев (элчи) өңдүү кадрлар аталууда.

Ушу тапта президенттин акыркы кадрдык жүрүштөрүнүн артында кандай сыр бар экендиги коомчулукту кызыктырган башкы маселе болууда. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, саясатчы Мирослав Ниязовдун көз карашында президенттин башкы мүдөөсү жеке кызыкчылыкты турмушка ашыруу болууда:

- Бийлик башында турган адамдар алдыга бир максат койгон үчүн бийликте чоң өзгөрүү жасап атышат. Чоң максат: жакын арада шайлоо жүргүзүү, президенттик шайлообу, парламенттик шайлоо болобу, иши кылып элдин кызыкчылыгына каршы саясат жүргүзүү. Элге каршы бир аргасыз чечим алышы мүмкүн. Экинчи себеп- Кыргызстандын кызыкчылыгы ойдо жок. Үй-бүлөлүк кызыкчылык болуп атат.

Мындай көз карашты “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да кубаттады. Саясатчы кызматтан алынган министрлердин бейтарап позицияда болушу аларды кызматтарынан айырды деген ойдо.

Буга чейин эле жаңы Конституциянын негизинде кезексиз президентик шайлоо өтөөрү, аны алгачкы президенттик мөөнөт деп жарыялары тууралуу божомолдор саясий чөйрөдө тынбай айтылып келатат.

Жыл башында президенттин ыңкылаптан берки өнөктөшү, алгачкы президенттик шайлоодо каруу-күч болуп берген шакирти Данияр Үсөновдун Ак үйгө кайтып келип, эми президенттик администрация башчысы болуп отуруп калышы, ага удаалаш кадрларды үйрү тобу менен аттан түшүрүп атышы жогорудагыдай имиштерди күчөткөндөй болду.

Эл оозунда ушундай кептер айтылганы менен муну расмий тастыктаган, укуктук жактан негиздеген же төгүндөгөн билдирүүлөр пайда боло элек. Бул аралыкта оппозициядагы саясатчылар азыркы бийлик Кыргызстандын кызыкчылыгын ойлойт дегенге дегеле ишенбестигин, ага жараша ар кандай күтүүсүз саясий кадамдарга барса, ага таңкалуунун кажети жогун айтып атышат. Ушуга жараша азыркы кадрдык алмаштыруу жараяны элдин көзүн жазгыруу аракети катары бааланууда.

Ошол эле мезгилде президенттин кадрдык жүрүшүн дүйнөлүк кризис менен байланыштырып жаткандар да чыгууда. Дүйнөлүк кризиске туруштук берүүгө өкмөт туруштук бере албай калганы айкын болгон үчүн президент ушундай кадамга барууга аргасыз болду дегендердин бири – саясат таануучу Орозбек Молдалиев. Ал өкмөттү кетирип, президент дагы сынга кабылбастын аргасын кылып жаткандыгын белгиледи:

- Чынын айтканда өкмөтттү отставкага кетирди деген эле сөз чынында. Өкмөт кетти, өкмөттүк кризис болду дедирбей эле четинен алмаштырганга окшош нерсе болуп атат. Негизи бул өкмөт толук кызматтан кетти деген эле сөз.

Мындан тышкары оппозициянын күчтөнүп, саясий куралга айланышы да президенттин кадрларды өзгөртүшүнө алып барууда дейт СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов. Айрым көз караштарда президенттин бул кадамы эч кандай өзгөрүүгө алып келбей турган, элди алаксытып, иш кылып жаткандай түр көрсөткөн ишарасы катары да каралууда.

Мындай пикирге каршы чыккан талдоочулардын бири Марс Сариев акыркы өзгөрүүлөрдү башкарууга кесипкөйлөрдү тандап алуу учуру келди дейт. Мындайда талдоочу бийлик оппозициянын мүмкүнчүлүгүн да пайдаланышын каалайт:

- Мен ойлойм, оппозиция менен сүйлөшүү керек, жакшы кесипкөй адамдар бар. Мисалы, Бакыт Бешимов, Муратбек Иманалиев бар, деңгээлдери аябай бийик. Андайдар көп эле.

СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов өз кезегинде бийликтин сунуш болгон-болбогону тууралуу кандайдыр бир маалымат айтууну эп көргөн жок, бирок оппозиция бийлик менен принципиалдуу сүйлөшүүгө барууга даяр деп билдирди:

- Биз, "Бириккен элдик кыймыл" бийлик менен принципиалдуу сүйлөшүүлөргө барышыбыз мүмкүн. Биз негизги маселелердин ошондой тынч жол менен чечилишин туура көрөбүз. Биз бийликтен сунуш күтүп жатабыз. Анткени биз тиешелүү курултай өткөрдүк. Өз талаптарыбызды бийлик алдына койдук. Жаңы концепцияны сунуштадык. Бир топ идеяларыбызды кагаз түрүндө бердик. Эми аткаруучу бийлик кандай жооп берет – ал ошолордун иши.

СДПдан айырмаланып, бириккен оппозициядагы Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров өңдүү саясатчылар азыркы бийлик менен кызматташпай тургандыктарын кескин айтып келатышат. Бирок бийлик деле оппозиция менен кызматташууга барарына ишенгендер аз. Маселен, Орозбек Молдалиев бийлик оппозиция менен кызматташканга караганда, аны жүдөтүп, саясий күрөштөн четтетүүгө көбүрөөк жөндөмдүү дейт:

- Оппозициянын арасында бийликтин камчысын чаап жүргөндөр бар. Ошолорду эле тартпаса, оппозициянын тамтыракайы мындан да чыгарылат. Оппозицияга каршы иштер мындан да күчөйт. Анткени шайлоого чукул калды, аларды алсыратып, дискредитация жасаш керек. Анан кана, ким бар дегенде татыктуу талапкерлер жок болуп калыш керек болуп атат да. Бул саясат мурдагы президенттин убагында деле болгон.

Ошентип, президент Курманбек Бакиевдин кадрдык кийинки жүрүштөрү коомдук-саясий чөйрөнүн бүйүрүн кызыткан башкы тема бойдон калууда. Президент бошоткон орундарга кадрларды келерки аптада жайгаштырары болжолдонууда. Бул аралыкта министри дайындала элек болгону менен Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын дипломатиялык курамын Бишкекке чакыргандыгы тууралуу маалымат тарады. Дипломаттардын катарында президенттин иниси, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Марат Бакиев да бар.

"Тополоңчулар" сырттан башпаанек сураган жок

Ноокат тополоңу боюнча айыпталгандардын соту, Ош, 2008-жылдын 21-ноябры.

Ноокат тополоңуна тиешеси бар делгендердин бирөө да чет өлкөдөн башпаанек сурай элек. Тескерисинче алар өз укуктарын эл аралык сотторго дейре коргоо аракетинде.

Жарандык лидерлердин Бишкектеги форумунда «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмунун башчысы Динара Ошурахунова Ноокат районунун 10 тургуну Иордания мамлекетинен башпаанек сурап жатышкандыгын, аларды Орозо айттагы тополоңго байланыштырып жергиликтүү бийлик катуу куугунтуктагандан кийин ушундай аргасыз кадамга барышкандыгын билдирген эле.

16 жылга соттолгон Алмазбек Асановдун бир тууган карындашы Гүлзада Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында жашайт. Ал агасынын чет өлкөдөн баш паанек сурап жатканынан эч кабары жоктугун айтат:

- Башка мамлекеттерден башпаанек сурап жатканы жөнүндө эч кандай маалыматыбыз жок. Алар азыр бир гана Жогорку Соттун чечимин күтүп жатышат. Менин жакындарыма, тааныган билгендериме укук коргоо адамдары аркылуу куугунтуктоо, кысымдар да болгон жок.

Ал эми 19 жылга кесилген Манас Исаковдун бир тууган агасы Маматкарим ушул эле райондун Кызыл-Тейит кыштагынын тургуну. Ал акыйкаттык салтанат курмайынча, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу максатында ар кандай акцияларды уюштурушаарын эскертти:

- Мен бул өкүм туура эместигине көзүм жетип турат. Бул жогору жактагы саясатчылардын тапшырмасы болуп атат. Анын бетин ары кылсын, эгер ошол өкүм күчүндө калтырылган болсо БУУга чейин барабыз, Эл аралык сотторго да кайрылабыз.

Узак мөөнөткө соттолгондордун бир нечесинин жактоочусу Нурдин Чыдыевдин ою боюнча, камалгандардын эсктремисттик багыттагы “Хизб-ут Тахрир” партиясына тиешеси жоктугу Жогорку Сотто эске алынса, калган айыптоолор өзүнөн өзү четке кагылат:

- Алардын «Хизб-ут Тахрир» партиясына мүчө экендиги соттук териштирүүдө дагы, тергөөдө дагы таптакыр далилденген жок деп эсептейбиз. Үйдө тасмаларды караганда 32 соттолуучунун ичинен төртөө гана ал жерде жүрөт. Калган 28и видео тасмага тартылган эмес. Буларга жаза белгилөөдө чектен ашкан оор жаза белгиленип калды деп эсептейбиз.

Адвокат Нурдин Чыдыев ошондой эле коргоосундагы жарандарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата мамлекеттик органдар тарабынан зомбулукту байкабагандыгын кошумчалады.

Анткени менен 32 ноокаттыктын коомдук коргоочусу, «Акыйкат сот-чындык» фондунун директору Равшан Гапиров Орозо айттагы жаңжалга тиешеси бар айрым жердештери бийликтен чочулап, Кыргызстандын ичинде убактылуу из жашырып жүрүшкөндүгүн ачыктады:

- Ошол иш боюнча бекинип жүргөндөр бар. Аларда да андай ой-пикир жок. Алар да акыйкат жетет деп күтүп турушат. Акыйкатка жетише албасак, анда ноокаттыктар үчүн мен өзүм мусулман мамлекеттеринен саясий баш паанек сурайм.

Равшан Гапиров мындан сырткары президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоп, дале болсо андан ырайым күтүп жатышкандыгын белгиледи.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаевге кайрылганыбызда, «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмунун башчысы Динара Ошурахунованын жарандык лидерлердин форумундагы маалыматын төгүндөдү:

- Мисалы милиция тарабынан булдардын туугандарына эч кандай басым жасалып, эч кандай кысым көрсөтүлгөн эмес. Ноокат окуясына байланыштуу качып жүргөн адамдар жок. Буга чейин «Хизб-ут Тахрир» уюмунун ишине байланыштуу кылмыш иши козголуп, качып жүргөндөр республика боюнча болушу мүмкүн, топтолуп Иорданияга кетиши да мүмкүн.


Патент акынын көтөрүлүшү ишкерлер көйгөйүнө айланды

Кийим-кече саткан соодагерлер буга чейин 330 сом салык төлөп келген болсо, эми 2 миң сомдон беришет

Жаңы Салык кодексине ылайык өкмөт патент акыны кыйла көбөйттү. Бул иш-аракеттер 2010-жылда башталчу салык төлөөнүн жалпы декларациясына өтүүгө камылга катары каралууда .

Малик Алымкулов жеке ишкер. Ал бир нече жылдан бери фотобизнес менен алкетенет. Алымкулов мурда айына 800 сом салык төлөп келген болсо, эми патентти үч миң сомго алууга туура келет. Жеке ишкер бул сумма өзү үчүн өтө эле көп экенин айтат:

- Салык 3,7 эсеге көтөрүлүптүр. Бул бизнестин өсүшүнө терс таасир этет.

Эгер буга чейин кийим-кечелерди саткан соодагерлер 330 сом төлөп келген болсо, эми алар айына казынага 2 миң сом төгүшү абзел. Килем, паластарды саткандарга патент миң сомдон 5 миңге чейин, тери-булгаары кийимдерин саткандардын патенти миң сомдон 10 миңге чейин көтөрүлгөн. Муну менен соода же кызмат көрсөттүү тармагына болгон салыктын баасы орточо 3-7 эсеге кымбаттаган. Мисалы мал союп кызмат көрсөндөр 400 сомдун ордуна эми 5 эсе кымбат баада – 2 миң сомго патент сатып алып турушмакчы.

Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин салыктарды жөнгө салуу башкармалыгын жетекчиси Майрамбек Ажыбаев ишкерлердин кирешесине жараша салык коюлууда дейт:

- Кээ бир жерлерде 2005-жылдан бери патент баасы көтөрүлө элек. Андан бери элдин маянасы, кирешелери көбөйдү да. Биз 2006-жылы 9 миллиард сом казынага төккөн болсок, бул жылы 21 миллиардданы ашык салык чогултушубуз керек. Ишкерлерге күч келтирбейли, деп алардын кирешесине жараша патент бааларын бекитип жатабыз. Салык баасы республика боюнча орточо 10-28 пайызга чейин көтөрүлдү.

Буга чейин ишкерликтин жүз жыйырмадан ашык түрү патент менен иштеп келген болсо, эми алардын саны кырк пайызга азайды. Патент жолу менен салык төгүү майда соодагерлерге жана кызмат көрсөтүүнүн кээ бир түрлөрүнө гана ураксат берилет. Ал эми миллиондогон каражаттарды айланткандар кирешесине жараша салык төлөөрүн өлкөнүн башкы салыкчысы Акматбек Келдибеков Жогорку Кенеште билдирген эле. Бирок экономист Айылчы Сарыбаевдин баамында, патент баасынын көтөрүлүшү салыктын азайышына калып келиши мүмкүн:

- Мамлекетке пайда алып келип жаткан ишкерлерге нормалдуу түрдө салык салып иштетип коюшса жакшы болмок. Өтө чоң деңгээлге көтөрүлгөн патенттин баасы салыктын азайышына алып келиши мүмкүн. Себеби соодагерлер ишин токтотуп же көмүскөгө өтүп кетишет. Бул майда ишкерлердин санынын азайышына алып келет.

Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Дамира Ниязалиева “Азаттыкка” салык баасы боюнча сүйлөшүүлөр дале жүрүп жаткандыгына токтолду:

- Жылына бир жолу депутаттар салык баасын талкуулап, эки комитеттин кортундусу менен сунуштарды киргизе алышат. Бул ушул жаңы Салык кодексинде жазылган. Ошондуктан биз азыр ишкерлер менен сүйлөшүп жатабыз. Алардын сунуштарын жана эсептерин кабыл алып, анан өкмөткө тапшырган соң бир тыянака келебиз.

Азыркы тапта салыктардын наркын изилдөө боюнча Салык комитетинин астында атайын комиссия түзүлдү. Эми алар 25-январга чейин сунуш-пикирлерди кабыл алып бир тыянакка келүүнү максат кылышууда.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиондору

23-январда Бишкекте грек-рим күрөшүнөн төрт салмак боюнча өлкөнүн чемпиондору аныкталды. Ошондой эле 24-январда дагы жигиттер күч сынашып, жаңы жеңүүчүлөр тандалат.

Быйылкы өлкө чемпионатында жеңүүчүлөрдөн балбандардын тандалма командасынын курамы түзүлмөк, ошондуктан Ош, Жалал-Абат, Ысык-Көл,Талас, Чүй облустардын өкүлдөр келишти. Мөрөй талашууда Кыргызстандын тандалган жүздөн ашуун балбаны күч сынашып, төрт салмактын финалы соңуна чыкты.

Арсен Эралиев
Жеңил салмакта өлкө чемпиондугу үчүн Бишкектеги «Бүркүт» спорт клубунун өкүлү Улан Темирбеков менен олимпиадалык резерв окуу жайынын балбаны Арсен Эралиев финалда күрөшүп, жеңишке Арсен Эралиев жетти.

Алдыдагы максаттары Азия, дүйнө чемпиону болуп, олимпиадалык оюндарда кыргыз өңүн таанытуу экенин Арсен «Азаттыкка» айтып, финалдык таймашуу курч мүнөздө өткөнүн билдирди.

66 кг салмакта финалда эл аралык мелдештерде мөрөй алып жүргөн “Бүркүт” спорт клубунун өкүлү Султан Мухтаров менен уландар арасында Азия чемпионатынын коло медаль ээси, бишкектик Сергей Фуфачев күч сынашып, Султан Мухтаров былтыркы чемпиондук наамын сактап калды.

Ушул салмакта күрөшүп жүргөн Бээжин олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн күмүш медаль уткан Азия чемпиону Канатбек Бегалиев бул ирет жаштарга кезек бергенин “Азаттыкка” билдирди.

Ал эми 86 кг салмакта Кыргызстандын намысын коргоп жүргөн жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азия оюндарынын коло байге ээси Жанарбек Кенжеев бул ирет күрөшкөн жок. Мында жаштар арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Азат Бейшенбеков менен бишкектик Сергей Радченко баш байге үчүн күрөшүп, жаштар арасында Азия чемпионатынын коло байге ээси Азат Бейшенбеков экинчи ирет өлкө чемпиону аталды.

Оор салмакта финалда өлкөнүн тандалма командасынын мүчөсү 15-Азия оюндарынын жана Азия чемпионатынын коло байге ээси Нурбек Ибрагимов менен “Бүркүт” спорт клубунун өкүлү Мурат Рамонов беттешип, жаш балбан Мурат Рамонов Нурбекти артыкчылык менен утуп алды.

Грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучу Эмил Алыкуловдун айтымында Бээжин олимпиадасында Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, мөрөй алышкан Азия чемпиондору Канатбек Бегалиев, Руслан Түмөнбаевдин таасиринен улам, алардын жолун уланткан жаш балбандар сындан өтүп жатат.

Эми эртең грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар 60, 74, 96 кг салмактар боюнча башкы сыноо-өлкө чемпионатынын таймашууларына катышат.








Түрктөр Кыргызстандын жаратылышына суктанат

Кыргызстанда беш миңден ашуун түрктөр окуп жана иштешет. Алардын дээрлиги кыргыз тилинде сүйлөй алышат. Арасында кыргыз жарандыгын алып, кыргыздан кыз алгандар да бар.

Кыргызстандан билим алган Түркиянын атуулу Билге Каган учурда Кыргызстанга абдан эле көнүп калганын айтат. Билге Каганга майрамга бай май айы өзгөчө жагат. Ал бул мезгилде кыш толугу менен чыгып, жылуулук сезиле баштайт дейт. Өзгөчө Кыргызстандын тоолорун, жаратылышын жана кыргыз элинин мейман достугун жактырган Билге Каган, башында бул жактагы климаттын бат-баттан өзгөрүшү ага көп таасир калтырып, айрым учурда жүдөткөнүн да жашырган жок.

- Кыргызстан башка өлкөлөргө караганда өзгөчө мааниге ээ. Анткени, Кыргызстанды ата-бабаларыбыз жүргөн мекен катары сезебиз. Экинчиден, табияты, климаты жакшы, бизге жагат. Төрт мезгилди тең көрсө болот. Бул биз үчүн албетте, кызык. Ал эми жазында тоого чыгабыз, Кыргызстандын тоолору бизге абдан жагат.

Кыргыз тилин таптак сүйлөп жаткан бул жигит тил үйрөнүүдө көп деле кыйналган эмес. Билим алууда көп нерсе мугалимге жараша деген оюн билдирген Билге Каган кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовду барктап, сыйлаарын, жазуучунун чыгармалырын негизинде жаралган тасмаларды түрк тилинде да, кыргыз тилинде да көрүп чыкканын билдирди.

Ошондой эле өз өлкөсүндө майрамдарга көп деле маани бербеген Билге Каган Кыргызстанда туулган күн, жаңы жыл деген сыяктуу майрамдарды белгилеп калганын айтат. “Майрамдар адамдын маанайын көтөрөт экен, экинчиден достор, тааныштар менен жолугушууга шарт түзөт”,- деди биздин маектеш. Ошондой эле келечекте Кыргызстанда калуу-калбоо замандын талабы дейт ал. Кыргыз кызын жактырып, баш кошуу ал үчүн өөн деле учурабайт.

Маектешибиз кыргыз тилин дагы тагыраак билиш үчүн Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычын” окуп чыкканын айтып берди.

- “Сынган кылыч” китебин окудум, толук окуп чыкканга аракет кылдым. Мен түшүнбөгөн көп сөздөр бар. Так билиш үчүн сөздүктөн карадым. Ал эми музыкага келгенде өзгөчө улуттук аспаптар менен ойнолгон музыкалар жагат. Башкача бир сезим калтырат, тарыхты эстетет дегендей... Ал эми бул жакта калуу планыбызды заман көрсөтөт. А бирок кыргыз болобу, башка улуттун кызы болобу ал башка маселе. Эгер жүрөк жактырып калса үйлөнөсүң. Бирок түрк менен кыргыздын ортосунда көп деле айырма жок. Экөө бактылуу эле болот деп ойлойм. “Улуттун жаманы жок, кишинин жаманы бар” дегенге кошулам.

Ал эми биздин кийинки маектеш Левент Дойуран учурда Кыргызстанда аспирантурада окуйт. Ал 70 млн. калктуу Түркиядан келген алгачкы жылдарын эстен кетирбейт. Алгач келгенде Кыргызстан абдан тынч жана жай көрүнгөнүн эскерет. Левент Кыргызстандын айрым жерлерин кыдырып көргөнгө жетишкен. Ал Талас, Ысык-Көл, Ош областтарында болуп, кыргыздын жайлоолоруна чейин барган. Кыргыздын улуттук тамактарынан беш бармак менен шишкебекти жактырат. Бирок көп учурда түрк ашканасынан тамактанат.

Кыргызстандын эмнеси жакпайт деген суроого жоопту Левенттин өзүнөн уксак:

- Бишкектин таза болушун каалайм. Мисалы жолдордо таштандылар жок болуп, ар бир үйдүн кире бериши таза болсо жакшы. Маршруткалар да таза, жаңы болсо жагымдуу сезим калтырат.

Ал эми Кыргызстандагы түрк окуу жайлардын биринде иштеген Мойеттин Гүмүш 10 жылга чукул убактан бери бул жакта жашайт. Кыргыз тилин үй-бүлөсү менен чогуу үйрөнүп, бардыгы жакшы билишет. Ал кыргыз тилин, маданиятын дагы жакшы билсин деп балдарын атайын кыргыз мектепке берген. Мойеттин мырза келечекте кыргыздан кудаа күтүүгө да даяр.

- Бир жылдан бери кыргыз мектептеринде окушат. Анткени, алар Кыргызстанда жашап жаткандан кийин кыргыз тилин, маданиятын билиши керек деп ойлойм. Ал эми балдарымын кыргызга баш кошушуна каршы эмесмин. Эң негизгиси эр жүрөк, мыкты жигит болсун, анан адам болсун.

Кайрадан кадрдык капсалаң

Президенттин соңку жардыктары менен борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарында жоон топ атка минерлер кызматтарынан кол жуушту. Айрым серепчилер болсо мындай өзгөрүүлөрдөн эч кандай жыйынтык чыкпасын белгилешүүдө.

Өлкө башчысынын соңку жардыктарына ылайык, Искендербек Айдаралиев - биринчи-вице-премьер-министр кызматынан, Мурат Исмаилов - Өкмөттүн аппарат жетекчиси кызматынан, Ишенгүл Болжурова - билим берүү жана илим министри кызматынан, Арстанбек Ногоев - айыл чарба жана кайра иштетүү министри кызматынан бошотулду.

Досалы Эсеналиев - президенттик администрациянын башчысынын орун басары кызматынан, Каныбек Жороев - президенттин администрациясынын уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу саясаты боюнча бөлүм башчысы кызматынан, Ислан Рыскулов - президент администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан кетти.

Кубанычбек Сыйданов - Чүй облусунун губернатору кызматынан, Жумадыл Исаков - Ош шаарынын мэри кызматынан, Болотбек Кумаров - Сокулук районунун акими кызматынан, Марс Саккараев - Бишкектин Ленин районунун акими кызматынан, Жусупбек Максуталиев - Сузак районунун акими кызматынан бошотулду.

Элчилердин арасында да кызматтан кол жуугандар бар. Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Сарбаев Кадырбек, Пакистандагы элчи Нурлан Айтмурзаев, Стамбулдагы баш консул Руслан Казакбаев ээлеген кызматынан алынды.

Мындай кадрдык өзгөрүүлөр коомчулукта дароо эле кызуу талкууга алынып, түрдүү пикирлер айтыла баштады.

Маселен, “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов "Азаттыкка" экономикадагы баш-аламандык эми кадр саясатына да өттү билдирди. Саясатчынын пикиринде, мындай кадрдык өзгөрүүлөр бийликтин элди алдап-соолап, азыркы кыйынчылыктар менен ушинтип күрөшүп атабыз дегендей түр көрсөтүү иретинде жасалууда. “Бирок азыр кандай кадрдык өзгөрүүлөр болбосун андан саясий-экономикалык абал өзгөрбөйт, тескерисинче абал начарлагандан начарлай берет”, - дейт Аликбек Жекшенкулов.

Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Зайнидин Курманов болсо президент жаңы күчтөрдү алып келүү үчүн мурункуларды кызматтан алууда деп эсептейт.

“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев болсо соңку кадрдык өзгөрүүлөрдү бийликтин жетер чегине жеткендигинин күзгүсү катары баалады. Анын айтымында, кадрдык алмаштыруулар менен эч нерсе өзгөрбөйт. Башкарууну жаңыртуу үчүн эң ириде президент өз көз карашын жана саясаты менен башкаруу системасын өзгөртүүсү зарыл.

Оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын лидерлеринин бири Исмаил Исаков үй-бүлөлүк башкаруу турганда кандай кадрдык өзгөрүү болсо да жыйынтык бербейт, деп эсептээрин “Азаттыкка" билдирди. “Орчундуу учурда жетекчилер өз иштерин так аткара албай, алардын ордуна жаңысын коюп ишти оңдойбуз деген бийликтин акыркы аракеттеринин бири. Азыркыдай шартта биринчи жетекчилер өздөрүн оңдомой сайын бул кызматтарга кимди койбосун эч жыйынтык бербейт”, дейт Исмаил Исаков. Анын пикиринде, биринчи кезекте президент баш мыйзамдын чыныгы кепили болушу керек, анан структураны, системаны өзгөртүш керек. Саясатчы ошондой эле качан жаңы системага барганда гана бийликте өзгөрүү болоорун, эгерде азыркы система калып, үй-бүлөлүк башкаруу турганда кандай аракет жасалбасын жыйынтык бербестигин белгиледи.

Т. Бакир уулу: Мени коркуткусу келгендер максатына жеткен жок

“ЭрК” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулунун үйүнө милиция кызматкерлери күч менен кирүүгө аракеттенгени маалымдалды. Бул окуянын чоо-жайы тууралуу “Азаттыкка” “ЭрК” партиясынын лидери, мурдагы акыйкатчы Т.Бакир уулу өзү айтып берди.

- Кечээ үйүңүзгө милициянын үч кызматкери күч менен кирүүгө аракет кылышыптыр. Ушул окуяга кененирээк токтоло кетсеңиз.

- Кечээ мен бир жолугушууда элем, анан аялым чалып, үйгө тез келбесеңиз болбойт, үйгө милициянын үч кызматкери келип, үйгө кирүүгө аракеттеништи деп айтты. Үйдө мектептен келген балдарыбыздан башка чоңдордон эч ким жок эле. Дагы жакшы, аялым жумуштан эрте келип калып, "силер кимсиңер" десе, алар өздөрүн участкалык милиция кызмактерибиз деп тааныштырышкан экен.

Биринчиден, участкалык кызматкер жалгыз эле келет да. Анын үстүнө бул дарек боюнча ким жашагандыгын аныктайлы деп, күч менен киргенге аракет кылышкан экен. Өткөндө тарых музейинин жанында Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы алып кеткенде, түшүнүк кат жазганда бардык жерде ушул даректи жазып бергем.

Дарегимди өзүм көрсөтүп жатсам, 1995-жылдан бери жашап атсам, ким жашайт деп, күч менен кирүүгө эмне себептүү аракет кылат. Эмне үчүн бир кабат жогору жашаган Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарынын үйүнө кирбейт? Булар үйгө кирип, маң заттарды таштоого аракет да кылыш мүмкүн. Анткени 1996-жылы А.Акаевге оппозиция болуп чыкканымда, үйүмө баңги зат таштап, инимди, уулумду камап, мени да наркобарон кылууга аракет жасалган. Кайра тарых кайталанып жатабы деп кооптонуп жатам. Мына эки күндөн бери Башкы прокуратура мага кызыгып, тез жолугалы деп жүрүшөт.

- Башкы прокуратуранын сиз менен эмне маселе боюнча сүйлөшөлү деп жаткандыгы боюнча маалыматыңыз барбы?

- Мен алардан себебин сурадым. Алар ММКларда жарыяланган менин ой-пикирлериме байланыштуу экенин айтышты. Чындыкты айткандан коркпойм.

- ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов сиздин үйүңүздө курал сакталаарын айтып, милиция кызматкерлери бул куралдардын мыйзамдуулугун текшерүүгө барганын айтты. Чындыгында эле сиздин үйүңүздө курал барбы?

- Ал куралды алганга мага өздөрү уруксат беришкен. Ал ошол уруксаттын негизинде сакталууда. Курал текшерсе, мен үйдө бар болгондо, эскертип келиши керек да. Анын үстүнө бардык документтер жайында, аны мага өздөрү өткөн жылы жайында беришкен.

- Эгер жашыруун болбосо, үйүңүздө эмне курал сакталууда?

- Ууга чыга турган мергенчилердин карабини. Ага уруксат бар. Бир да жолу ууга чыккан жокмун, анткени мен автомашина айдаганды билбейм. Куралдын огу да жок. Курал алганыма 6-7 ай эле болду.

- Кечээки окуя боюнча Коопсуздук Кеңешинин катчысы А.Мадумаровго кайрылаарыңызды билдирген элеңиз. Мындан жыйынтык чыгаарына ишенсизби?

- Мени булар коркутканы аракет кылышса, анда өз максаттарына жеткен жок. А.Мадумаровго кат жолдогонума бир нече себеп бар. Биринчиден, ал өзү да оппозицияда бир топ жүрдү, саясий куугунтук, саясий чагым дегенди түшүнөт.

ИИМ, Баш прокуратуранын жетекчилери эч качан оппозицияда жүргөн жок. Булар мүмкүн мени түшүнбөйт. Ошондуктан Мадумаров түшүнөт деп кат жолдодум. Күч органдарынын кыла турган башка иши жокпу? Же эң негизги душман менби, анда ачык эле айтышсын. Ушинтип элди, саясатчыларды өздөрүнө каршы кылышы өлкөнүн улуттук коопсуздугуна терс таасирин тйигизет.

- Маегиңизге чоң рахмат.

Ош: «Ак жол» эмитеден үгүт баштады. Эл ишеними кандай?

Президент Бакиев тууралуу реклама.

Президентчил «Ак жол» партиясы кийинки мөөнөткө да колдоп берүү чакырыгын айыл элине азыртан айта баштады. Оппозиция өкүлдөрү кийинки мөөнөттө «Ак жол» түштүктө колдоо таппайт, деп билдиришүүдө.

“Ак жол” партиясынын Алай, Чоң-Алай райондук координатору Сабырбек Калмаматов, Алай районунун айыл кыштактарын кыдырып, эл менен болгон жолугушуу учурунда, «Ак жол” партиясы президенттин партиясы болгон соң, аны жапырт колдоого жана 2012-жылы дагы бир мөөнөткө шайлап алууга» элди үндөп жатты:

- Президенттин, бийликтин партиясы болгон соң, ошол партиянын жолун жолдоп, колдошубуз керек. Дагы бир жолу бата берип, ошолорду жети жылга шайлап алсак жакшы болот.

Бирок карапайым эл арасынан «Ак жолдун» башчысы Курманбек Бакиев президенттик тактан түшөөр замат, партиянын кийинки кадамдарына кызыккандар да болду.

- Менде бир суроо бар. Президент бийликтен кеткенден кийин «Ак жол» партиясы иштей береби же жоюлуп башкаларга оойбу?

Партиянын келечегинен күмөн санагандардын мындай суроолоруна, «Ак жол» партиясы жана анын лидери дагы жети жыл ишенимдүү түрдө бийликте турат, деп айтып жатты акжолчу.

Партиянын Алай аймагы боюнча лидери Сабырбек Калмаматов, президенттик кийинки мөөнөткө азыртан камылга көрүү аракети боюнча «Азаттыкка» буларды айтты:

- Биздин партия президенттин партиясы болгон үчүн мен коркпой эле айта алам. Шайлоонун экинчи мөөнөтүнө биз азыртадан камылга көрүшүбүз керек.

Алайлык тургун Кадырмамат Артыковдун баамында, соңку мезгилде шайлоолордон, бийлике жетүүнүн амалын көздөгөндөр менен жолугушуудан айыл эли тажап деле бүттү. Жүздөн ашуун партиянын аты угулган менен, анын бирөөсү да элдин көйгөйү менен эсептешпей келет, - дейт Артыков:

- Эл партияларды деле, башкасын деле колдошу күмөн. Элдин жашоо-турмушу начарлады, кийинки шайлоого чейин эмне болот, ким билет. «Кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы» болуп алар шайлоо, бийлик менен эле убара. Эл эч кимисине ишенбей калды.

Деген менен айыл жашоочуларынын айрымдары Курманбек Бакиевдин саясатын, “Ак жолдун” ишин баалагандар да жок эмес. Маселен Сапарбек ага, Камбар-Ата суу сактагычы курулуп, президент жигердүү иштеп жатканын, акжолчу депутаттардын эмгегин улуттук телеканалдан үзбөй көрүп, аларга ишеним артат:

- КТРдеги жаңылыктарды калтырбай көрөм. ГЭСти куруп жатышат, Бакиевтин иштегени мага жагат, «Ак жол» партиясы да жагат.

«Ата Мекен» партиясынын Оштогу лидери Бакыт Калмаматов, “Ак жол” партиясынын айылдыктарды эмитеден үгүттөө аракети аларга аброй алып келбей, элди кыжырдантып жатканын белгиледи:

- «Ак жол» партиясынын, президент Бакиевдин эл арасында кадыр-баркы кетип жатканын сезип туруп, алар администртивдик ресурстарды колдонуп, губернатор, айыл өкмөтү, деректирлерди жамынып алышып, өздөрүнүн туура экендиктерин көргөзүүгө аракеттенип жатышат. Кыргыз эли кыйынчылыкты жон териси менен өткөзүп жатып, алар кантип айтса да ишенбейт. «Ак жол» эмес, Бакиев өзү келсе да эл ишенбейт аларга.

Канткен менен бул аймакта президенттик жана парламенттик шайлоо старты эмитеден эле башталып, тымызын да, ачык да аракеттер күн санап күч алганын жергиликтүү серепчилер белгилешет. Алардын пикиринде, бул жаатта бийлик тарап маалыматтык камсыздоо, административдик ресурсту пайдаланып, оппозиция лидерлерин каралоо менен бир топ алдыда баратат.

Саясий күрөш түркөй жолго түштүбү?

Азыркы учурда оппозициянын 70 пайызынын мойнунда кылмыш иши бар.

Коргоо министрлиги БЭКтин Улуттук Кеңешинин мүчөсү Исмаил Исаковдун уулу Руслан Исаков Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн катарынан бошотуу тууралуу жолдогон рапортун жараксыз деп табууда.

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун уулу Руслан Исаков кесиби боюнча аскер кызматкери. Ал антитеррордук коалициянын алкагында 2006-жылдан бери АКШда кызмат өтөп жүргөн.

Исмаил Исаковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча уулунун рапорт жазышына атасына карата болуп жаткан саясий куугунтуктар жана армияны өлкөнүн ички иштерине пайдалануу боюнча жакында эле ЖК тарабынан кабыл алынган мыйзам себеп болгон:

-Биринчиден мага карата кылмыш иштерин козгоп, саясий куугунтукка алып, жалган жалаа жаап жаткандарын негиз кылган. Экинчиден, армияны ички иштерге кийлигиштирүү тууралуу кабыл алынган мыйзам Башмыйзамга туура келбейт, ошондуктан өзүнүн мындан ары аскер катары иштөөгө моралдык укугу жоктугун белгилептир.

Исмаил Исаковдун маалымдаганы боюнча Кыргызстандын Коргоо министрлиги Руслан Исаковдун кызмат мөөнөтүнүн бүткөндүгүнө жана кызматтык зарылдыкка байланыштуу мекенине келүүгө чакырык жиберген. Бирок анын АКШдагы кызмат мөөнөтү 2009-жылдын октябрь айына чейин узартылган экен.

Коргоо министрлиги антитеррордук коалициянын алкагында Кыргызстандын өкүлү катары АКШда кызмат өтөп жүргөн Руслан Исаковдон кат түрүндө коргоо министрине рапорт келгендигин, бирок бул аскердик уставдын жобосуна жатпай тургандыгын билдирүүдө.

Министрликтин маалымат катчысы Мурат Ашырбеков Куралдуу Күчтөрдүн катарынан кетүүнү каалаган аскер кызматкери рапортун өз колу менен жазып, колун коюп, апкелип берүүгө тийиштигин “Азаттыкка” белгилеп, бирок бул сөздөрүн микрофонго расмий сүйлөп берүүдөн баш тартты.

Өткөн жумада Таласта эл менен жолугушууларды өткөрүп келген “Ата Мекен” партиясы бүгүн билдирүү таратты. Анда партия баш прокурорго жана мамлекет башчыга кайрылып, жолугушууларды болтурбоо үчүн кызмат абалынан пайдаланган акимдерди, жергиликтүү күч структураларынын жетекчилерин жоопко тартууну талап кылышкан.

Талас губернаторунун маалымат катчысы Бакай Садыр уулу оппозиционерлерге каршы элди аким баштаган жок, баары элдин өз эрки менен болду деген кабарын билдирди.

Бул арада "Бириккен элдик кыймылдын" мүчөлөрү жер-жерлерде эл менен жолугушууларды жүргүзүүдө. Кыймылдын иштерин уюштуруу милдетин мойнуна алган штаб бүгүн жабык эшик артында жыйын өткөрдү. Штабдан алынган маалыматка караганда алар түзгөн сунуш-талаптар БЭКтин Улуттук Кеңешинде талкууга алынып, жүзөгө ашырылат.

Улуттук Кеңештин мүчөсү Темир Сариевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча учурда Чүйдүн эли менен жолугушуу уюштурулуп жатат:

-Сокулук райондук ИИБнүн жетекчиси, коопсуздук кызматтары, прокурору, айыл өкмөттөрү баары мен барган жерге барып, ээрчип турат. Бирок эл эч кандай тоскоолдуксуз келип, биз менен жолугушууга катышып атышат. Мына эртеден бери Сокулуктун үч айлында болуп, жолугушуу уюштурдук. Аларга БЭКтин милдети, максаты тууралуу баарын айтып, түшүндүрүп жатабыз.

Темир Сариевдин белгилегени боюнча жолугушуу учурунда жергиликтүү калк азыркы бийликке нааразылыгын гана билдирип жатат:

-Эл бийликке абдан нааразы. Мына азыр эле бизге келип айтышты: өткөн жылы президент Бакиев келет, ат майданды сугарабыз деп, биздин эгин сугарып жаткан суубузду тосуп, эгиндерибиздин баары куурап калган деп даттанышты. Алар мага түптүз эле: “Бакиевге айтып бар, бизге жакшылык кылгысы келсе, анда келбей эле койсун,” деп айтышты, -дейт Темир Сариев.

Жыл жаңырар алдында ЖК “экстремисттик ишмердүүлүккө каршылык көрсөтүү” жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизип, басылмаларда жана оозеки айтылган сөздө экстремисттик маанай бар-жогун иликтөөчү координациялык-эксперттик комитет түзүүнү өкмөткө тапшырган. Укук коргоочулардын тынчсызданып билдирген пикири боюнча бул комитет бийликтин саясаты менен макул болбогон адамдарга каршы колдонулуучу саясий куралга айлануусу толук ыктымал.

Тыңчылар заманы кайтып келатабы?

Динара Ошурахунова Ак үйдүн эксперттери экстремисттерди эмес эле оппозицияны текшерет деп ойлойт.

Айрым маалымат каражаттары мамлекетте эл-журт алдында айтылган сөздүн баарын угуп текшерген эксперттик топ түзүлгөнү жатканы жөнүндө жазып чыгышты. Укук коргоочулар мындай чечимдин артында сөз эркиндигин басуу, оппозицияны коркутуп үркүтүү аракети жатканын айтып сындашууда.

Динара Ошурахунова мындай маалыматты 24.кg сайтынан алгандыгын билдирди. Анда “Экстремисттик ишмердикке каршы күрөшүү” жөнүндөгү мыйзамга жаңы структураны киргизүү тууралуу пункт кошулганы айтылат. Бул структура, башкача айтканда, эксперттик комитети элдин жазуу жана оозеки сөздөрүн көзөмөлдөп, анализдеп, андагы экстремисттик маанайды аныкташы керек. Динара Ошурахунова бул структуранын ишмердиги азырынча бүдөмүк болуп жаткандыгын айтат:

-Мага мисалы чоң суроо болуп жатат. Бул комитет эмне элдин арасында басып, ким эмне деп сүйлөп жатат деп аңдыйбы, же буларга УКМК атайы малыматты берип турабы, же алар гезит-сайттарды караштырып, эң көбүрөөк сын айткан лидерлердин сөзүн текшерип-анализдеп, иш козгошобу? Мага ушул кызык. 24.kg сайтында 2008-жылдын 25-декабрда парламент бул демилгени жактырыптыр деп жазылып жүрөт.

Анын айтуусунда бул демилге коомго коркунучту алып келет. Анткени эл өз оюн билдиргенден коркуп калаары бышык. Ошондой эле акыркы мезгилде бир ишке максатталган структуралар иш жүзүндө оппозициянын өкүлдөрүн, сынчыларды куугунтуктоочу органга айланып кетүүдө дейт Динара Ошурахунова:

- Биз азыр андайды көрүп эле жатабыз. Ушундай органдар башта түзүлгөндө жакшы идея менен мамлекеттин өнүгүшүнө жардам берүү үчүн түзүлгөндөй болот. Бирок практика жүзүндө алар акыры оппозициянын лидерлерин куугунтукка алган орган болуп калып жатышат. Бизге ушул чоң коркунуч.

Жогорку Кеңештин “Акжол”фракциясынын депутаты Бейшенбек Абдрасаков мындай структура түзүү мүмкүн эместигин белгиледи. Анткени ар бир оозеки сүйлөгөн адамдардын бардыгын иликтеп, тартипке чакыруу өтө оор иш дейт ал:

-Оозеки айткан кишинин баарын иликтеп тартипке чакыруу кыйын. Ал эмес интернеттеги чыккандарды тартипке чакыра албай жатабыз. Бизде жыйында мындай маселе болгон эмес. Комитетте эле каралбаса, жыйында комитет түзөбүз, антебиз-минтебиз деген сөз болгон эмес.

Ал эми Жогорку Кеңештин Коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрайымынын орун басары Асанбек Байтиковдун айтуусунда, Президенттин кол коюсуна жиберилген мыйзам долбоорунда диний көз карашта жасалган кылмыштарга карата жазаны күчөтүү жана эң негизгиси экстремисттик маанайдагы материалдарды пайдалануу боюнча жоопкерчилик чарасы каралган. Ал эми анда жогоруда айтылган комитет туурасында эч нерсе айтылган эмес дейт ал:

-Комитет түзүү деген сөз азырынча жок. Мен биздин комитеттин сунушун да көрсөтөйүн. Бардык сунуштар экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү боюнча гана киргизилген. Комитет жөнүндо эч кандай ой болгон эмес.

Ал эми Динара Ошурахунова учурда бул маалыматтын чын төгүнүн аныктоого мүмкүн болбой жаткандыгын белгиледи. Анткени парламенттин сайтында президенттин кол коюсуна жиберилген мыйзам долбоору киргизилген эмес.

Туурунан учкан Тууганбай

“Талант тагдыры” аттуу түрмөктүн бул жолку чыгарылышы жакында эле арабыздан келбес жайга кеткен көрүнүктүү төкмө акын, таанымал дастанчы, эл артисти Тууганбай Абдиевдин чыгармачылыгына, жаркын элесине арналат.

Кечээ эле ак калпагын чыкырылта, суусар тебетейин суйкайта кийип, тилинен чаң чыгара чоңколордун устаты, төкмө акын Коргоол Досувдин жоркутарын, тамашалуу кептерин айтып, өзүнүн ырларын да нөшөрлөнтө төгүп, дастандарды чубурта айтып, кабагым-кашым дебей угармандардын, окурмандардын төрөсү атыгып, чыгармачылыгы ашып-ташып толуп турган курагында Тукем – Тууганбай Абдиев о, дүйнөгө сапар алганына кырк күндөн ашты. Ошентип, “өкүнөсүң каласың, өткөндү кайдан табасың” деп калгандай калың кыргыз калкы урматтуу Тукебиздин ырдаган ырларын, айткан дастандарын, ачуу-таттууну аралаштыра сүйлөгөн тамашалуу сөздөрүнө каниет кыла, жаркын элесин элестете эстеп ушуга да кудая тобо деп, арбагына таазим этип турган кези.

Тукем менен жолукканда шык учкунун кимдер тутантканын, устаттары кимдер болгону жөнүндө сураганымда маркум жадырай-жайнай буларды айткан эле:

- Өзүң жакшы билесиң, илгери биздин Кетмен-Төбөдө ак таңдай жана жамакчы акындар көп болгон. Менин мектебим өзүмдүн айылым. Мен жашаган үйүбүздүн түбүндө Мундузбайдын Байымбет, Үкү, Айдараалы деген балдарынын баарысы комузду жакшы чертүүчү. Байымбеттин балдары Сулайман, Муктар да атасынын жолун жолдоп, алар да комузду жакшы чертүүчү. Үкү деген согуштан оң колу жок болуп келди. Ал мага сол колу менен комуз чаап берди. Комуздун кылдарын ал сол колу менен басат, мен оң колум менен чертем. Ошентип комузду черткенди үйрөндүм. Биздин айылда Мама деген жамакчы акын, Жанаалы комузчу, Кошаалы, Малабаш ырчылар бар эле. Алардын ырдаган ырларын угуп, көрүп ушулардай ырчы болсом деп ак эткенден так эте дегдечүмүн. Кезектеги бир соттордун шайлоосунда Малабаш менен Кошаалы алым сабак айтышып ырдап калды. Экөөнүн ырын угуп “аттиң ай, экөөндөй ырчы болсом” – деп таасирленчүмүн.

Райондо Үч-Теректин маданият үйүнө айтылуу куудул Бекназар, төкмө акын, дастанчы Сарыкунан, комузчулар Кадыркул, Аскар Тезекбаев келишип, концерт беришчү. Алардын өнөрлөрүн калтырбай көрүп, ырдаган ырларын, черткен күүлөрүн такай угуп жүрдүм. Эми, ойлосом шыгымдын жанышына алардын да таасири тийиптир. Алтымыш, Казы менен бирге ырдай баштадым. Андан кийин айтылуу төкмө акын, комузчу Коргоолго учурап, бирге жүрүп, батасын алдым. Андан кийинки саяпкерлерим көп.

Тууганбай Абдиев ошентип өзүнүн алгачкы устаты Коргоол Досуевден “Гөлөш”, “Байтал жоголгондо” аттуу тамашалуу ырларын, “Дүнүйө” деген термесин ж.б. ар кандай темадагы ырларын үйрөнөт. Калк арасында ырдайт.

Коргоолдун “Гөлөш жоголгондо” аттуу тамашалуу ырын Тууганбай мындайча аткарып жүргөн:

Коргоол аксакал Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки турмуштун каат кезинде базарга келет, жокчулук маалы. Ал базарды аралап жүрүп бир кепичин (гөлөшүн) жоготуп ийет. Ошондо Кокем базардын оозуна туруп алып мындайча жар салып ырдаптыр:

Ай төбөдөн тоголду,
Анжыяндан барып алып келген
Аягына бап келген
Алтынчы гөлөш жоголду.
Күн төбөдөн тоголду
Күндө минсем табылбас
Күнчүлүк жолдон арыбас,
Күлүгүм бүгүн жоголду.
Алтымыш сом баасы
Апасыз калды маасы.
Жетимиш сом баасы
Жетим калды маасы
Коргоолго келип бергиле
Кокустан таап алганың, - деп ырдаса, бир мантайган келин: “Ушу гөлөш сиздикиби. аба” десе, келинге минтип бата бериптир:

Баракелди келиним
Тар турбайбы желиниң,
Балтайган эркек төрөп ал
Бар кезде күчү белиңин.

Келин шарт бурулуп качып жөнөйт экен.

Тууганбай устаты Коргоолдун тамашалуу, кытыгылуу, куйкумдуу ж.б. ырларын, өзү да жамактап ырдап жүрүп, 1956-жылы Жалал-Абат областтык драма театрына артисттикке кабыл алынат. Шайырлар менен эл аралап ырдайт, ролдордо ойнойт, сахнада өзүн алып жүрүүнүн жол-жоболорун, эрежелерин үйрөнөт.

1961-жылдын март айында төкмө акын Токтосун Тыныбаков менен акын драматург Райкан Шүкүрбековдун сунушу менен ал Кыргыз филармониясына кабыл алынат.

Тууганбай филармониянын босогосун аттары менен илгертен солтолордун солкулдак ырчысы атыккан опол тоодой атактуу төкмө акын Осмонкул Бөлөкбаевдин киндик каны тамган жерине чейин издеп барып жолугушат. Ал жөнүндө маркум Тукем:

-1961-жылы Осмонкул акынды издеп үйүнө бардым. – Атамды Ничке-Сууга Өмүркул байкем чакырып кетти, - деди бир жигит. Ал жигит Осмонкулдун уулу Белек экен. Мен келген жайымды айттым. – Мынча келип калыптырсың, атама алып барып учураштырып келейин, - деп өзүнүн “Волга” машинасы менен Ничке-Сууга алып барды. Биз барганда Осоке жок болуп чыкты. Дагы бир тууганы чакырып кетиптир. Эки саат чамасынан кийин келип калды. – Ата бул жигит атайы сизди издеп учурашайын деп келиптир, ырчы экен, - деди Белек. – Ырчы болсо ырдап учурашсын, - деп кыңайып жатып алды Осокем. Бир чети сүрдөп, бир чети келбей эле койбой деп ичимден өзүмдү тилдеп, комузумду алып тобокелге салып, ырдап турганым:

Келбедиңиз күттүрүп,
Кечтен бери карата,
“Көрсөм” десем көзүм төрт,
Көөнүм, оюм самата
Алтын жаак, жез таңдай
Амансыңбы, жан ата?
Эргийт экен көңүлдөр
Эң жакынын самаса.
Элеңдедим келсе деп,
Эне күткөн балача,
Элпек тилдүү, талыбас,
Эсенсиңби жан ата?
Сүйүнгөнсүп жатамын
Кубангандан бой эрип,
Көрүп өңүн атанын
Кара жаак, кайчы тил,
Калк кумарын жазарым.
Желбес жорго, сар таман
Жез така урган атайын.
Жорголосоң калбастан
Жолуңуздан басайын – деп, туулуп өскөн жайымды, ырдаганды акын Коргоол шайырдан үйрөнгөнүмдү айтып келип:

Элпек тилим камчылан
Терип сөздү кынаган,
Текке кетпес убарам
Таамай ойду такалбай,
Таап айтсам кубанам,
Кээ бир кезде сөз таппай
Кекечтенип какагам,
Алабарман ырдатпай,
Арылтсаңыз катадан
Тайгылбасын уруп бер
Тилге какчу такаңан.

- Оп баракелде, бу тайым улоорок окшойт, кичине үйрөтүп минбесе, мөнкүп жыгып кеткидей – деп, Осокемдин ырдаганы:

Калкыма келсең чырагым,
Каршы алып колум сунамын
Кадырлап айткан сөзүңө
Канагат кылып турамын,
Кузгунга чаппай куу ал деп,
Куштун да салат кыраанын
“Азамат” десе атылба,
“Жамансың” десе жашынба
Абайла, сыйла дайыма,
Аксакал турса кашыңда
Жамандап болбос нерсени
Жалакор болбо жашыңда
Көкүрөк уруп “мен” дебе,
Көп болсун талант элде де
Иритип алат турмушун
Ит кыялдуу желдеме
Кошомат жагын ойлобо,
Коштой жүр досуң, кордобо
Убакты желге учурбай
Улактын сөзүн пормоло
Анча-мынча атаңдан
Айтылды окшойт жол-жобо
Сардалдуу ырчы болуп өт
Саналат кыргыз ордоно – деп, 73 жаштагы Осмонкул Тууганбайга ак батасын берет.

Тууганбай филармонияда иштей баштагандын алгачкы жылдарында Р.Шүкүрбековдун, Ж.Садыковдун, Б.Сарногоевдин куйкумдуу ырларын, өзүнүн “Учурашуу” аттуу ж.б. термелерин калк алдына ырдап чыгат. “Көч жүрө жүрө түзүлөт” дегендей Тууганбай акындар Абдрашит Бердибаев, Орозбек Кутманалиев, Токтосун Тыныбеков, Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев ж.б. менен алым сабакташа айтыша баштайт. Тукемдин айтыштары өнөктөштөрүнөн сөздөрүнүн туздуулугу, куйкумдуулугу, чымчыкөйлүгү, ойлуулугу, ташка тамга баскандай так, таамайлыгы салыштырууларынын көркөмдүүлүгү менен айырмаланат.

Жарым кылымча Тууганбай менен бирге иштешип, артисттик турмуштун ачуу-таттуусун татышкан, улуу болсо да жан курбу болуп жүргөн залкар төкмө акын Ашыраалы Айталиев бир жолку жолугушууда Тукем менен алгачкы жолу кандайча жолугушканы, айтышканы жөнүндө мындай деген эле:

- 1959-60-жылдары мен Нарын драма театрынан Жалал-Абат драма театрына которулуп келдим. Барсам Казы, Алтымыш, Тууганбай деген үч акыны бар экен. Мени менен төртөөбүздү жетекчилердин бири Жалал-Абат курортуна алып барды. Алардын салты боюнча казан астырып, ашын жасатып тамак ичип, үчөөбүз ырдап отурдук. Тууганбайдын келбети дагы, үнү дагы, отурушу, жүрүм-туруму жагынан Алтымыштан, Казыдан экөөнөн өзгөчөлөнүп бийигирээк турду. Мен ойлодум ыры да жакшы, өзү да жакшы бала экен. Баягы кыргыздар айткандай тирүүдөн түңүлбө дегендей баардыгы келишкен бала экен, - деп баалап, эртеси театрдын директоруна келсем, ал: - Үч акынды алып жүрөбүз, кимиси кандай экен – деп сураганда. Мен үчөөнүн ичинен Тууганбай Абдиев келечекте чоң ырчы болот. Анын үнү дагы, тили дагы, өңү дагы келишип турат - дедим. Анын Тууганбай экөөбүз командировкага кеттик. Мен андан мурун театрда, филармонияда иштеп төкмө акындык жолду билем. Октябрь районунда чоң колхоз бар экен. Ошонун уй сарайында айтышып атабыз. Аябай согушуп жатабыз. Мен Тууганбайга айттым, жаттаганды ырдабай, эркин, көргөңдү көркөмдөй айтып айтышабыз. Бул жерде текшерүүдөн өткөрүүчү филармониянын жетекчилери жок деп. Экөөбүз ырдап атабыз. Ал мени сарайдагы букаларга, уйларга салыштырып, мен аны кунаажынга теңеп ырдап атам. Элдин баарысы боорлору эзилгиче күлүшүп кыраан катгыга батышты. Мени Тууганбай букага салтыштырып ырдап атат. Ошондо Тууганбай буканы мен көрдүм, баланча жерде кунаажындын артынан жыттап турганын дегенде эле мен эми сөз жок деп жыгылганы турам. Ичимден ошол сөздү айтып ийбегей эле деп кыпылдап турам. Кудай жалгап ал сөздү айткан жок.

Караван районунда Мавляновдордун улуу агасы Темиркул башкарма болуп иштеген колхозго оюн коюп бардык. Бизге төөнүн этинен бешбармак беришти. Бир жылдан кийин Кызыл-Жарда колхозчулардын слету болуп калды. Ага бардык. Баягы Мавлянов баштаган жетекчилер келишти. Ошондо Тууганбай экөөбүз айтышып калдык. Экөөбүз тепе-тең ырдадык. Мен оо былтыркы жылы биз барып, элиңдин ачтык кабагын. Аткарып бердик айт деген ыр сабагын. Ошондо төөнүн этин берипсиз. Төрөй турган убакыт өтүп кетти Темике, мына төрөбөй жатат аялым, - деп ырдасам. Тууганбай: Кыргыздын айтып талабын, кыдыгын сөздүн салмагын, Ашыкеңдин кичине улгайып калган го аялы. Он эки айга жатып калса, оңбой калды го аялы төрөбөй – деди. Ошентип, бирибиздин сөзүбүздү бирибиз илип, Токтогул менен Эшмамбет айтышкандай экөөнү туурап ырдоочубуз. Далай жерде Тууганбай менен бирге ырдадык. Ойнодук, күлдүк. Баардыгы эсте калды.

Баалуу кагаздар базары жандана баштады

“Абдыш-Ата” компаниясы эки жылга эсептелген 56 миллион сомдук корпоративдик облигация чыгарды. Бул Кыргыз фондулук биржасында баалуу кагаздар базары быйыл күчөй баштаганын билдирчү көрүнүш.

Өткөн жылы фондулук биржада 9 миллиард сомдук соода жүргөн.

Кыргыз фондулук биржасында буга чейин “Бишкексүт” менен Токмоктогу айнек заводунун облигациялары чыгарылып, биржада каттоодон өткөн. “Абдыш-Ата” компаниясынын 2 жылга чыгарылган 56 миллион сомдук корпоративдик облигациялары жылдык үстөгү 20% менен сатыкка коюлууда. Компаниянын каржы иштери боюнча директору Вячеслав Салюковдун айтуусунда, облигациялар өндүрүштү колдоо максатында чыгарылган.

- Өндүрүштү гана инвестициялоого багытталган. Биз өндүрүшкө жалаң эле сырттан келген акчаларды жумшабастан, өзүбүз тапкан кирешени да сарптайбыз.

Баалуу кагаздар базарына көзөмөл жүргүзүү кызматынын өкүлү Абдулхалик Шамшиев өндүрүшчүлөр арзан каржы булагын издөөгө көп көңүл бурбастыгын белгилеп, Кыргызстанда бул тармак жакшы өнүгө албай жатканына токтолду.

- Жалпы ички дүң продуктка карата алганда чыгарылган облигациялар 0,03% гана түзүп жатат. Ушул эле кезде ушул көрсөткүч, мисалы Орусияда 6% өйдө, Казакстанда чыгарылган облигациялардын көлөмү ИДПга салыштырганда 14% түзүп жатат. Бул облигациялар бизге эмне үчүн керек, деген суроо туулуп жатпайбы. Облигациялар компания муктаж болуп жаткан акчаларды арзан баада тартууга мүмкүнчүлүк берет. Себеби дегенде, банктан алынчу кредитке караганда облигация чыгаруу компания үчүн жеңил.

Абдулхалик Шамшиев чыгарылган облигацияларды сатып алган инвесторлор үчүн да пайдалуу экенин ырастады. Себеп дегенде, облигациялардын жылдык үстөк пайызы банктарга салынган депозиттердин үстөк пайызынан көп. Каржы базарындагы баалуу кагаздардын жүгүртүлүшү экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Анткен менен кыргызстандыктардын эсинен “Рентон Групп” компаниясынын баалуу кагаздары чыга элек. “Сенти” финансылык компаниясынын жетекчиси Нелли Симонова баалуу кагаздар базары кемелине келе элек кезинде кетирилген кемчиликтер эске алынганын маалымдады.

- Бул кагаздарды чыгаруу кезинде чыккан проблемаларды финнадзор эске алды. Менимче, ошол кезде болбой калган көзөмөл азыр коюлган.

Кыргыз фондулук биржасынын директорлор кеңешинин төрагасы Нурбек Элебаев “Рентон Групп” компаниясынын кейпин кийип калбаш үчүн баалуу кагаздар базарында эки маселе чечилиши керек, деп эсептейт.

- Биринчи маселе аудитке байланыштуу. Тилекке каршы, Кыргызстанда листинг компаниялары үчүн анын жоболорунда белгиленгенден башка талаптары жок. Бул жерде мен сиздерге маалымдап кетейин. Аудит жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Анда листинг компаниялары үчүн өзгөчө талаптар коюлган.

Экинчи маселе баалуу кагаздар базарына көзөмөл жүргүзүп туруу кызматына байланышкан. Ачык эмес компаниялардын каражаты канчалык экенин текшерип билүү үчүн өзгөчө талап болушу керек. Нурбек Элебаев листинг компанияларынын инвесторлоруна жетиштүү мыйзамдык шарттар түзүлгөнүн айтып, биржада катталып алып баалуу кагаздар базарына чыккан компаниялар киреше салыгынан бошотуларын кошумчалады.

Баалуу кагаздар базары кызыган 2002-жылы 100 миллион сомдук облигациялар жүгүртүүгө чыгарылган. Быйыл анын көлөмүн 150 миллионго жеткирүү аракети көрүлүүдө. “Абдыш-Ата” компаниясынын быйылкы 56 миллион сомдук облигациясы өтүмдүү кагаздардын катарына киргизилген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG