Линктер

шейшемби, 23-июль, 2019 Бишкек убактысы 01:16

Кыргызстан

Ноокаттыктар адилет чечим күтөт

Соттолгондордун жакындары эгер Жогорку Сот адилет чечим чыгарбаса Ак үй алдында нааразылык иш-чара өткөргөнү жатышат

Ноокатта Орозо айтта тополоң уюштурган деп айыпталган адамдардын туугандары, жактоочулары сот чечимине нааразы. Алар бул ишти өлкө башчысы көзөмөлгө алып, адилет чечим чыгарылышын талап кылышууда.

28-январда айыпталгандардын жактоочулару маалымат жыйын өткөрүп, ишти кайрадан карап чыгуу үчүн өкмөттүк комиссия түзүү зарылдыгын белгилешти. Эгер даттангандарга бийлик салкын мамиле жасап, жогорку соттун чечими да өкүмсүз болсо ноокаттыктар ак үй алдында нааразычылык иш-чараларын баштоого мажбур болоорун билдиришти. Жактоочу Нурдин Чыдыев:

-Камалып кеткен 32 адамдын укугун калыбына келтирүү үчүн, мамлекеттик масштабда комиссия түзүлсүн, деп суранабыз. Коммисия курамына президенттик администрациядан, Жогорку Кеңештен, коомчулук өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар, соттолгондордун туугандары жана укук коргоо органдарынан өкүлдөрү кирип, ишти текшерип көрүшсүн.

Нурдин Чыдынов оор жазага тартылгандар конкреттүү фактыларсыз эле «Хизб-ут-Тахрир» уюмуна тиешеси деп, айыпталып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, эгерде Жогорку сотто да өкүмдөр күчүндө кала турган болсо, Кыргызстандын эл аралык абройуна көлөкө түшүрөт деген пикирде.

-Бул коом үчүн коркунучтуу синдром. Демократиялык жетишкендиктерди ушул нерсе менен эле жок кылып алабыз. Сот чечими 1930-жылдагы сталиндик соттордон такыр айырмаланбай калды. Эгерде сот тармагы ушундай иштесе, анда биздин өлкөдө мыйзам жөнүндө сөз кылуунун кереги жок.

Жактоочулар маалымат жыйынын өткөргөн жайга Ноокаттан соттолгондордун жакындары да катышып, камалган отуз эки адамдын тагдырына президент Бакиевдин жеке көзөмөл кылуусун талап кылышты. Эгерде Жогорку сот да бир беткей чечим чыгарса, жүздөгөн ноокаттыктар Ак үй алдына нааразычылык иш-чараларды өткөрүүгө аргасыз аттанаарын айтышты.

-Башка аргабыз калбады. Тууган-уругубуз, эл-журтубуз, күнөөсүз соттолгондордун төрт-бештен балдары менен барып Ак үйдүн алдына отурабыз. Биздин кыйын турмушубузду алар да билсин.

Абакта жаткандардын азыр Жогорку соттун чечимин күтүп жатышат. Канткен менен Орозо айттагы бул чырлуу окуя дале болсо коомчулукта эки ача пикирде талкууланып келет. Мамлекеттик имаратты ташбараңга алып, элди башаламандыкка үндөгөн мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштургандар сөзсүз өз жазасын алууга тийиш, деп эсептейт жергиликтүү серепчи Эрнис Толтоев.

-Алар мамлекеттик имаратты талкалашты. Демек, мыйзамдуу өлкөдө жашап жаткан соң күнөөлөрү аныкталса, он жылгабы, жыйырма жылгабы кесилгени туура эле чечим.

Ноокаттык он тургун бийлик куугунтугуна чыдабай Иорданиядан башпаанек сураганы тууралуу, «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмунун башчысы Динара Ошурахунова билдирген эле. Андай көп өтпөй бул маалыматты айыпталган ноокаттыктар жана алардын жактоочулару четке каккан.

Жактоочу Назгүл Сүйүнбаева, учурда үч адам чет өлкөдө жашап, Иорданиядан саясий башпаанек сурап жатканы туугандары аркылуу такталганын кабарлады.

- Бирок бул азырынча расмий маалымат эмес.

Айрым укук коргоочулар камалгандардын жакындарына да бийлик түрдүүчө кысым жасап келатканын белгилешет. Белгилүү укук коргоочу Равшан Гапиров, Ноокаттагы абал күн санап курчуп, күнөөсүз адамдардын укугу одоно тебеленип жатканын айтып президент Кумарбек Бакиевге кат жолдогон. Бирок өлкө башчысы бул окуясы тууралуу өз пикирин билдире элек.


А.Абдурасулова: Аскерлерди ички тартип үчүн колдонуу жакшылыкка алып келбейт

Жарандык коомдун өкүлдөрү өткөн жылдын этегинде парламент кабыл алган “Кыргыз жарандарынын жалпы аскердик милдеттери, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндөгү” мыйзамга карата нааразылык билдирген кайрылуу таратышты. Анда мыйзамдын 27-беренеси боюнча аскерлерди ички иштерге аралаштырып куралдуу күчтөрдү өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салууга катыштырса, бул трагедиялуу жыйынтыктарга алып келээри белгиленген. Ошол билдирүү ээлеринин бири, “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдурасулова “Азаттыктын” түз обосунда мындай кайрылууга себеп болгон жагдайлар тууралу кеп салып берди.

- Мындай билдирүү таратып, тынчсызданууңуздардын себебин кыскача айтып кетсеңиз?

- Биринчиден, аталган мыйзам долбоору конститутцияга карама-каршы келет. Экинчиден, мындай тажрыйба дүйнө жүзүндө колдонулбайт, негизинен адам укуктарына, эл аралык талаптардын баарына дээрлик карама-каршы келет. Ошондуктан биз ушундай билдирүү менен чыктык. Бүгүнкү күндө президентке кайрылып атабыз, ушул мыйзам долбооруна вето коюп артка жөнөткүлө, бул мыйзам долбоору деги эле адам укугуна карама-каршы келген мыйзам долбоору деп. Эми кандай жыйынтык болот көрө жатарбыз.

- 2005-жылкы март окуясынын тушунда бийлик ишенген милиция деле эл тарабына өтүп кеткен учурлар болбоду беле. А жоокерлер андай кадамга бара албайт деп ишенүүгө мүмкүн эместигин тарыхтан билебиз да. Ошентсе да Жогорку Кеңеш кабыл алган бул мыйзамга али кол кою элек, президент үмүт кол койбой, артка кайтаруусуна үмүт барбы?

- Эми үмүт бар, себеби президент да ойлонот да, мындай жөнөкөй сөз менен айтканда армия деген дүйнөлүк тажрыйбада сырткы душмандардан ошол мамлекетти жана ошол мамлекеттин калкын коргогон структура болуп эсептелет. Армиянын колунда согуштук куралдар бар, анан аны элге каршы буруу өзү туура эмес. Бул деген ар бир жаранды, ар бир энени ойлонто турган нерсе. Эртеңки күнү мен баламды ушундай армияга бергим келеби, менин балам колуна ушундай согуштук куларды алгандан кийин, мага карата ошону сунганга мен кандай карайм деген суроолор туулат да. Мен башка нерсени айткым келет, армияны колдонсо болот. Маселен, өзгөчө кырдаалдар убагында, сел болуп кетсе, жер титирөөлөр болуп кетсе ушундай бир чоң жабыр тартуулар болуп кетсе. Мисал үчүн учурунда Ашхабаддагы, Ташкенттегидей аябай чоң зилзалаларда армияны колдонгон. Бирок куралы жок колдонгон. Ал эми ички тартиптерди орнотконго, алар эмне союл менен келишмек беле. Алардын колунда милицияныкындай союл жок, алардын колунда ок атуучу куралдар бар. Ошондуктан мындай мыйзамга кол коёрдон мурун ойлонуш керек.

Депутаттар айтып атышат, курал колдонбойт деп. Ал эми мыйзам жазылып калгандан кийин, кандай кепилдик берилет колдонулбашына. Учуру келсе бул депутаттар да кетет, бул президент да кетет, эртеңки күнү башка бийлик, башка структура келиши мүмкүн. Ал эми ушул мыйзам ушул эле бүгүнкү бийликте отургандардын өздөрүнө каршы колдонулуп калбайт деген кепилдикти ким бере алат?

-Ушул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан карала элек кезде сиздер ушундай бир билдирүү таратып, реакция жасаганга эмне тоскоол болду?

- Тилеке каршы бүгүнкү күндөгү Жогорку Кеңештин баардык иш аракеттери элден бекитилип, элден жашыруун жүргүзүлөт. Качан гана мыйзам долбоору талкууга алынганда, же болбосо мыйзам долбоору кабыл алынып, президентке кол коюга жөнөтүлгөндө гана биз билип калып атабыз. Мурунку парламенттер менен жарандык коомдун өкүлдөрү тыгыз байланышта иштечү элек. Биз каалаган убакта ошол парламенттердин отурумдарына кирип мындай байкоо жүргүзүп, же болбосо каралып аткан мыйзам долбоорлоруна алдын ала көз жүгүрткөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар болчу. Азыр болсо качан гана, элге каршы, адам укугуна каршы мыйзам долбоорлору кабыл алынгандан кийин гана, алар жарыя кылышат, биз ошондо гана билип, ошондо гана реакция жасаганга үлгүрүп калып атабыз. Кээ бирлерине үлгүрбөй да калып атабыз.

-Анын үстүнө бул мыйзам жаңы жыл күндөрүнүн алдында кабыл алынбадыбы...

-Ооба, ошол жаңы жыл күндөрү ушундай бир эки-үч мыйзамдар кабыл алынып кетти. Ошолордун бири, аскер кызматы боюча мыйзам да 26-декабрь күнү кабыл алынды. Ошел эле убакта парламент тарабынан экстремисттер, террорчулар тууралуу да бир мыйзам долбоору каралып, парламент бул боюнча комитет түзүүнү жактырды. Ар бир жарандардын айткан ойлоруна, пикирлерине, кайрылууларына ой жүгүртүп, ошол кайрылуулардын ичинде айтылган ой-пикирлердин ичинде экстремисттик маанай барбы, же жокпу деп анализ жүргүзүп, анан эми биздин ар-бирибиздин ой жүгүртүүбузгө болгон дагы бир ушундай укук бузуулар каралган да бул мыйзамда. Тилекке каршы бул мыйзам да 26-27-декабрь күндөрү кабыл алынды.

-Маегиңизге рахмат.

Оппозицияга - туш тараптан тушоо

“Акыйкат үчүн” кыймылы менен Коомдук парламент кечээ билдирүү таратып, алардын жеке өздөрүнүн гана эмес жакындарынын да өмүрүнө коркунуч туулуп турганын билдиришти.

Алардын айтымында, эгер алардын өмүрүнө кол салуу болсо, буга президенттин үй-бүлөлүк бийлиги керт башы менен жооп бериши керек. Алардын мындай билдирүүсүн айрым талдоочулар катардагы эле окуя катары баалашууда.

“Акыйкат үчүн” кыймылы менен Коомдук парламенттин билдирүүсү жалпысынан “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов тууралуу болду. Билдирүүдө ага карата кылмыш ишинин козголушу жана андан шаардан чыкпоо тууралуу тил каттын алынышы оппозиция өкүлдөрүнүн иштерин, айрыкча Москвага иш-сапарын үзгүлтүккө учуратуу максатында болуп жатканы айтылат. Оппозициянын Москвага барчу делегациясын баштап бармакчы болгон А.Жекшенкуловдун өзү, бийлик анын тышкы байланыштары чоң экенин билерин, андыктан анын ишмердүүлүгүнө түздөн-түз тоскоол кылып жатканын айтат:

- Менин оюмча эң негизги максат, биздин кыймылыбызды, иш-аракеттерибизди чектегенге аракет кылып атышат. Өзүңөр билгендей менин тышкы саясат боюнча тааныштарым, байланыштарым көп. Биз Орусияга, Европага бармак элек. Ошол себептүү бизди тышка чыгарбай коюу максатын кылып жатышат.

Мурдагы тышкы иштер министри, “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкуловго карата, ал министр болуп турган убагында мыйзамга каршы келген иштерди жасаган делип кылмыш иши козголгон. Иш соңуна чыкканчы андан шаардан чыкпоо тууралуу да тил кат алынган. Ушул себептүү оппозиция өкүлдөрүнүн Москвага боло турган иш-сапары да кийинкиге жылдырылды. Ал эми “Акыйкат үчүн” кыймылы менен Коомдук парламент билдирүү жасап, ишмердүүлүктөрүнө катуу тоскоолдуктар болгону аз келгенсип, өмүрлөрүнө да коркунуч туулуп жатканын, эгер алардын бирөө бир нерсе болсо ага президент түздөн-түз жооп бериши керектигин айтышууда.

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумаматов бул тууралуу мындай дейт:

- Эми, биздеги ар бир саясий кыймылдар, уюмдар өз пикирин айтканга укуктуу. Мен алардын пикирлерин урматтайм. Ал эми билдирүүдө айтылган А.Жекшенкуловдун өзү боюнча, ага кылмыш ишин козгогон уюмдардын пикирлери айтылса туура болот го.

Бир катар жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар да оппозициядагы саясатчыларга абдан чоң басым-кысым болуп жатканын айтып келишет.

Ал эми айрым саясат талдоочулардын баамында, азыркы тапта оппозициядагылардын Москвага барып келишинен бир нерсе өзгөрүп кетпейт. Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков бул тууралуу мындай дейт:

- Чынын айтканда, бул билдирүү түккө турбаган нерсе экен. “Биздин өмүрүбүзгө коркунуч туулуп атат” деп, жанагы бир гезиттин редактору айтып атат, башкасы айтып атат. Эми, А.Жекшенкулов Москва эмес Америкага барса деле эч нерсе чыкпайт. Москвага барганда эмнени чечип келмек эле? Бара берсин, келе берсин. Бул деген демократиялык коомдогу мыйзам ченемдүү көрүнүш.

29-январь: Тарых барактары

Англичандар жасаган дүйнөдөгү биринчи танктын адегендеги сыноосу 1916-жылдын ушул күнү өткөрүлгөн.

Кыргыз-өзбек чегарасын аныктоого арналган өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны 2004-жылдын бул күнү ишин аяктаган. Англичандар жасаган дүйнөдөгү биринчи танктын адегендеги сыноосу 1916-жылдын ушул күнү өткөрүлгөн. Венециялык айтылуу Ла Фениче опералык театры 1996-жылдын бул күнү толугу менен өрттөнүп кеткен.

Орус жазалоочу отряды менен Пулатхан баштаган козголоңчулар ортосунда жүргөн чечүүчү кармаш 1876-жылдын январь айында Үч-Коргон кыштагынан 84 чакырым алыстыкта орун алган Кара-Тегин капчыгайында өтүп, козголоңчулар оор жеңилишке учураган. Пулатхандын 5000 чамалуу атчан аскери толук талкаланып, ал он жигити менен согуш талаасынан качып чыккан. Бир канча орус аскери жаракат алып, жазалоочу отряд 1876-жылдын 29-январында Асаке кыштагына өргүүгө келген. Ушул эле күнү орус аскер жетекчилигине Анжыян, Маргалаң, Кокон, Ош жана Өзгөндүн кадырлуу адамдары келип, империяга баш ийгендигин билдиришкен.

Кыргыз-өзбек чегарасын аныктоого арналган өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны 2004-жылдын бул күнү ишин аяктаган. Бишкек шаарында өткөн жыйынга Кыргызстан менен Өзбекстандын чегара маселелери боюнча адистери, топографтары, картографтары чегараны тактоо маселесинин үстүндө иштеп, эки өлкөнүн 30 чакырым чегарасын аныктоого жетишти. Ошондой эле, жыйында кыргыз-өзбек чегарасын тактоо боюнча 2003-жылы жүргүзүлгөн иш-чаралар жыйынтыкталып, 2004-жылдын биринчи жарымында чегараны делимитациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын иш-пландары бекитилди. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чегаранын узундугу 1295 чакырымды түзөт.

Англичандар жасаган дүйнөдөгү биринчи танктын адегендеги сыноосу 1916-жылдын ушул күнү өткөрүлгөн. Жаңы курал ушул жылдын сентябрь айында согуш талаасына чыгарылып, ал салгылаш тактикасын түп тамырынан өзгөрткөн. Кийинки салгылаш тарыхы көрсөткөндөй танксыз бир дагы согушту элестетүү мүмкүн эмес. Англис танкына адегенде жашыруун шартта жана шарттуу түрдө «танк», тактап айтканда «цистерна», «челек» аталышы берилип, кийин ал бардык жерде түбөлүк сакталып калган.

Венециялык айтылуу Ла Фениче опералык театры 1996-жылдын бул күнү толугу менен өрттөнүп кеткен. Кийинки эки жүз жыл ичинде аталган театр алты жолу күйгөн. Соңку өрттүн себебин театрдын легендарлуу «Феникс» аталышынан башка бирөөгө жүктөө жолу болбогондуктан, тергөө иши да натыйжасыз аяктаган.

Айтылуу орус жазучусу жана драматургу Антон Павлович Чехов 1860-жылдын бул күнү жарык дүйнөгө келген. А. П. Чехов адабиятка адегенде Антоша Чехонте аталышы менен кирген. Башында ал бир үзүм нан үчүн «Осколки» журналына күлкүлүү жана күйдүргү юморескаларды жарыялап келген. Андан көп узабай болочок залкар жазуучу жеңил мүнөз ылакап ысымдан кутулуп, окурмандарга ажайып психолог, каймана маанилүү саптардын ээси катары таанылган - Антон Чехов аталышы менен жарыялана баштаган. Анын «Эрөөл», «№ 6-палата», «Чайка» сыяктуу чыгармалары дүйнөлүк адабият казынасынан татыктуу ордун тапкан.

Атактуу француз жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Ромен Роллан 1866-жылдын 29-янаврында жарык дүйнөгө келген. Анын «Каякта нравалык көрөңгө тайыз болсо, ал жерде улуу адам да, улуу сүрөтчү да чыкмак түгүл, ал жерде улуу өзгөрүүлөр да жасалбайт. Андай жерде тек гана тайыз көпчүлүктөн көөдөң кумирлери чыгат да, алардын баардыгын тең убакыт өзү мойсоп салат», - деген учкул сөзү Батыш Европа коомчулугу үчүн өрнөк болуп келген.

Билеги күчтүүлөр бийликти сатып алабы?

Жарык көргөн гезиттердин дээрлик көбү жалаң саясат жана экономикалык жагдайлар тууралуу жазып чыгышты.

“Кыргызстан түбөлүк туруксуз жана кедей-кембагал өлкө, ошондуктан бул өлкөнүн бийлигин же америка, же орустар жөн эле сатып алышы мүмкүн” деп жазган америкалык “Stratfor” басылмасына шилтеме кылган “Лица” гезити бүгүнкү санына ушул макаланы кыскартып жарыялады. Макала “Америкалыктарды айдап чыгуу үчүн Москва кыргыздарга 2 млрд. доллар накталай акча сунуш кылды” деп башталып, Вашингтон менен ар кандай келишим түзөргө келген сайын Маскөөнү карап кылчактай баштаган Казакстан, суу жана энергетика боюнча тагдыры көбүрөөк бизге окшош Тажикстан, дүйнөлүк кризистин чеңгелине мына эми-эми түшүп, кара жанын бакканга каражат таппай, кайсактап турган Кыргызстан, бир нерсе жасай каларда эле аймактык ар кандай уюмдардан чыгам деп коркутуп, керек болсо Маскөөгө да кырдана коюп, өзүн Борбор Азиянын кожоюну катары сезген Өзбекстан жана эч кимге кошулгусу келбей өзүнчө жашоону каалаган, ошол эле убакта Батыштын эч кимисине ишенбеген Түркмөнстан жөнүндө баяндаган. Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз чөлкөмүндөгү орду, кадыр-баркы, экономикалык жана саясый кудурет-күчү тууралуу ойлорду ортого салат. Америка менен Орусия тууралуу сөз болот. Гезит Өзбекстанга арналган башка бир макалаларын атын ”Медведов Өзбекстандын кызыкчылыгын көздөй ооду”, “Медведовдун Ташкендеги билдирүүсү үчүн Тажикстан Маскөөгө нота жибергени жатса Кыргызстан азырынча унчукпай турат” деп атады.

“Жаңырык апта” гезити: “Кыргыз Республикасынын президентинин элге болгон кайрылуусунан эмнелерди күттүңүз эле?” деген суроо менен айрым атуулдарга кайрылганда алар төмөнкүдөй жооп беришти.

Токтогул Какчекеев, саясат иликтөөчү: - Бакиевдин кайрылуусундагы Кыргыз мамлекетинин аймагындагы жерлерге кол тийбестиги жөнүндөгү айткан сөзү гана канааттандырды. Үзөңгү-Кууш, Каркыра башка элдин колуна өтүп, эми башкалар да кыргыз жерине кызыгып жатканынан улам ушундай кадамдарга барып атса керек.

Райымкул уулу Касымбек, “Акжол-5” коомдук бирикменин төрагасы: -Кайрылуу элдин көңүлүн алаксытуу максатында жасалды, эл үчүн пайдалуу эч нерсе жок.

Исмаил Исаков, генерал: - Айткандары ишенимсиз, декларативдик гана сөз, президент элдин пикирин эч качан укпайт. Өз алдында катчылык түзүп алганы – аны элдин эсебинен каржылап, өзүнө пиар компания жасап, өз саясатын жүргүзүүгө кылган аракети. Президенттин “жердин бүтүндүгүн сактайм” дегенин колдош керек, бирок жерди 4 жылдан кийин сактайм деп атканы жүзөгө ашпай турган нерсе.

Ибрагим Жунусов, ЖК депутаты: - Бардыгын өз жоопкерчилигиме алам деп кескин айтканын бир дагы жетекчи, бир дагы президент буга чейин айткан эмес.

Азиза Абдрасулова, укук коргоочу: - Бакиев мамлекет башчысы болгондо эле ушулардын баарын аткарам деп ант берген, эми 4 жылдан кийин кайра ошону эле айтып жатканы таң калычтуу.

“Айат пресс” гезити депутаттар Бактыбек Иманалиев менен Дамира Ниязалиеванын интервьюларын, Өмүрбек Текебаев менен “Кабар” агенттигинин деректири Нарын Айыптын чай үстүндөгү алым сабагын, баяндамачы Жыргалбек Касаболотовдун президенттин жаңы дайындоолоруна арналган “Казан тешик болсо, кулагын жылдыргандан пайда жок” деген макаласын басты. “Азыркы бийликке ким барса да жаман көрүнгөндөн башка пайда таппайт. Минтип олтурса жакында оппозицияда Текебаев менен Шернязов гана калчудай” деп жазат автор.

“Учур” гезити “Радикалдуу кадамдардын күч алышына бийлик күнөөлүү” деген ат менен экс-премьер-министр А. Атамбаевдин интервьюсун сунуш кылды. Аңгемесинин акырында Бакиевдин саясаты тууралуу кеп кылган Алмаз мырза, ал өзү өкмөт башында иштеп турганда эле өлкөдөгү абалды болгонун болгондой айтып келгенин, эгер президент айланасындагы шылуундардын азгырыгынан чыгалбаса аягы жаман бүтөрүн, азыр президент мамлекеттин кызыкчылыгын жакындарынын кызыкчылыгынан жогору кое албай койгонун айтты. Руслан Шаботоев менен Жусупжан Жээнбековдун уулунун жоголушу жөнүндө сөз кылган Атамбаев жакында алар жалдаган топтун аракеттеринин натыйжасы көрүлгөнү турганын, аны кийин айтарын, ал эми милийса менен күч органдарына ишенич болбой калгандыгын кошумчалады.

“Аалам” гезитине белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков кенен маек курду. Маегинин атын “Кечээ эле мүдүрүлүп жыгылгандар бүгүн катапульта менен аткандай Ак сарайдын үстүнө чыгып кетип жатканын көрүп...” деп атаган Ишенбай агабыз бүгүн элита саналган адамдардын да Кыргызстан жөнүндө так, даана пикири жоктугун, демократияны багыт алдым деп сүйлөгөн өлкөдө оппозиция болушу керектигин, оппозиция болбосо аны түзүү милдети барын белгилеп, оппозиция деген эл душманы эместигин, ошондуктан алакандай өлкөдө ары-бери тартыша бербей, бийлиги да, оппозициясы да бири-бирине сый мамиледе болушу зарылдыгын насааттаган. Гезит ошондой эле А. Жекшенкуловдун “Башка өлкөдөгүлөр укса күлөт”, Т. Тургуналиевдин “Куугунтук далай замандарда кыргын алып келген”, А. Бекназаровдун “Сурак алган соттор күлүп жатышат”, И. Исаковдун “Биз талаптарды катуу коюп, президентти мөөнөтүнөн мурда кетиребиз” деген маектешүүлөрүн тартуулады.

“Асман пресс” гезити “Майрам эжемдин сиңдиси болгонумду эч качан жашырган эмесмин” деген темада Санатгүл Жамакеева менен аңгемелешкен. Санатгүл айым 2005-жылдын март окуясын эстеп, ошондо айланасында жүргөндөр тетири бурулуп баса беришкенин, азыр алар кайра 1 километрден көрсө да чуркап келе башташканын, көрсө бийлик бутагында жүргөн адамдардын көбү өз беттери менен эмес, маска кийип жүрөрүн түшүнгөнүн айтып берген. Азыр С. Жамакеева “Кыргызстан президентинин китепканасы” деп аталган коомдук фонддо иштейт. Анын айтымында, китепканага көз арткандар аны тартып алганы турат. Китепкана Аскар Акаевдин менчиги эместигин, кыргыз элине таандык экендигин айта берип тилим тешилгени калды дейт ал...

Өткөн жыл аяктап баратканда кайрадан жарык көрө баштаган “Кыргызстан маданияты” гезитинин жаңы саны да күркөлөргө түштү. Сиздер гезиттен: “Айтматовдун айкөлдүгү жана адашуусу” аттуу жазуучу М. Апышевдин, айтылуу комузчу Н. Абдрахмановдун “Кайран кыргыз комузум, кардыгып турат добушум”, Н. Капаровдун “Салижан Жигитов менен Эрнис Турсунов “Арашанда” таанышканда”, Т. Акматалиевдин “Хан Жантай менен Ак Мөөр сулуунун чыныгы көөнө тарыхы” деген макалаларын, ошондой эле кара сөз чебери, маркум Мурза Гапаровдун “Байчечек” аттуу аңгемесин, ырларды, күлкүлүү жоруктар менен эскерүү баяндарды окууга болот.

Азимбек Бекназаров: Бийлик бизди майтара албайт

Кyrgyzstan - Beknazarov Azimbek, leader of opposition forces, undated

Кечээ Башкы прокуратура “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси А. Жекшенкуловдон өлкөдөн чыкпоо жөнүндө тил кат алды. Буга байланыштуу Саясий куугунтуктан коргоо комитетинин мүчөсү, кылмыш иштери козголгон оппозиционерлердин адвокаты А.Бекназаров “Азаттыктын" түз ободогу суроолоруна жооп берди.

-Азимбек мырза, акыркы күндөрдө кылмыш иши козголгон оппозиция мүчөлөрүнүн катарын “Ата Мекен” партиясынын төрагасы толуктады. Ал эми кечээ Башкы прокуратура “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкуловдон Кыргызстандан эч жакка чыкпоо жөнүндө тил кат алды. Бийлик мындай аракеттер менен эмнени көздөп жатат деп ойлойсуз?

- Бийликтин аракети белгилүү. Өздөрүнүн көз карашына макул болбой, өз пикирин айткан саясатчыларды коркутуп-үркүтүп, кысымга алып, унчукпай коюуга мажбурлоо максатын көздөп жатышат. Экинчиден мына ушундай бийликтен башка көз карашы бар саясатчыларды колдоп кете турган инсандарды да коркутуу, “эгер кимде-ким оппозицияга кошулуп, аларга тилектеш болсо мына ушундай кылмыш жообуна тартып коебуз,” деп корктуп-үркүтүү максаты болуп жатат.

-Кыргызстанда оппозиция мүчөлөрүнө түрдүү кылмыш иштерин козгоп, куугунтуктоо күчөп жатканына бир топ убакыт болуп калды. Бул боюнча саясий куугунтуктан коргоо комитети, адвокат катары сиз эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылдыңыздарбы?

- Эл аралык адам укугун коргоо уюмдары эмне кылып берет эле? “Азаттык” аркылуу, же башка маалымат каражаттары аркылуу өздөрүнүн билдирүүсүн эле айтып коюшпаса, башка эмне кыла алышат. Анткени биз эгемендүү мамлекетпиз. Өзүбүздүн сот органыбыз бар. Эл аралык уюмдар биздин ички иштерибизге кийлигише албайт. Болгону саясий гана кайрылуу, билдирүү таратып койбосо, башка эч кандай чара көрө албайт да. Ошентсе да биз түрдүү эл аралык уюмдарга, ЕККУга бийлик башындагыларга бир таасир көрсөтүү чараларын көрөт го, деген ой менен кайрылып атабыз.

- Демек, кайрылуулар болуп аткан экен да?..

- Ооба, саясий куугунтуктан коргоо комитети, анын жетекчиси Топчубек Тургуналиев жана башка бир топ жергиликтүү адам укугун коргоочу уюмдар кайрылып, билдирип турушат. Эл аралык уюмдардын баары өлкөдөгү саясий кырдаал менен жакшы тааныш деп ойлойм.

- БЭКтин дагы бир мүчөсү Эмилбек Каптагаев 26-январда өзүнүн ишин карай турган сотко ишеним көрсөтпөй тургандыгын билдирди. Бирок бүгүнкү күнү деле коомчулукта сотторго ишеним аздыгын түрдүү сурамжылоолор көрсөтүп келет. Бул дагы чоң маселе болуп тургансыйт?..

- Сот гана эмес, бардык эле күч органдары да бүгүн бийликтин, президент Бакиевдин үй-бүлөсүнө кызмат кыла турган гана органга айланып калышты. Саясий буйрутма болгондон кийин алар Ак үй эмне десе, ошондой чечим чыгарып берет. Эмилбек Каптагаевдин сотко ишеним көрсөтпөө тууралуу арызы канааттандырылды. Бирок прокуратура ага макул эместигин билдирди. Ошондой эле Эркин Бөлөкбаевдин иши ден-соолугуна байланыштуу кийинкиге жылдырылды. Ишенбай Кадырбековдун иши дагы белгисиз мөөнөткө токтотулду. Буга кошумча экспертиза дайындалганы себеп болуп жатат.

Исмаил Исаковдун үстүнөн козголгон иш боюнча сурак берүү токтотулду. Өмүрбек Текебаев менен Аликбек Жекшенкуловдон Кыргызстандан чыкпоо тууралуу тил кат жазып берүүгө аргасыз болушту. Демек, бийлик, сот, күч органдары баары бүгүн Ак үйдүн буйругун аткарып атышат. Биз дагы колубуздан келишинче соттор, тергөөчүлөр менен иш алып барып, бүгүнкү күн менен эле жашоо бүтүп калбастыгын, келечекте беттеринде чиркөө менен жүрө албай тургандыгын эскертип, колдон келишинче биз да өзүбүздүн иш-аракеттерди жасап атабыз.

- Мурдагы күнү президент Курманбек Бакиев кайрылуу жасады. Айрым пикирлер боюнча мамлекет башчы эл күткөн көп нерсени айткан жок. Кадрдык алмаштыруулар эмне себептен жүргүзүлгөнү бүдөмүк бойдон калды, деген ойлор бар. Сиз канааттандыңызбы кайрылуунун мазмунуна?

-Жүз жолу кадрдык алмашуу болсо деле, бүгүн Кыргызстанды президенттин үй-бүлөсү башкарып, бардык маселени ошолор чечип атпайбы. Ошондуктан, кадр алмаштыруудан эч нерсе чыкпайт. Мамлекет башчы кайрылуусунда бардык саясий күчтөрдүн пикирлерин эске алуу менен иштешем, деп баса белгиледи. Элден мурда жогоруда биз айтып кеткен саясий күчтөрдүн башчыларына куугунтукту токтотуп, “мына мен буларды токтоттум,” деп койсо, эл бир аз ишеним артып калмак. Ошондуктан, президентке ишеним калбады, төрт жылдан бери алдай берип, өзү деле жадады. Президент жыйырма жолу кайрылуу кылса да, ага эч ким ишенбейт.

- Маегиңизге рахмат!

Ошко жаңы мэр шайланды

Шайлоо алдында гимн ырдалууда

Бүгүн өлкөнүн түштүк башкалаасынын башчысын шайлоо өтүп, бул орунга парламенттеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Мелисбек Мырзакматов шайланды.

Шаардык кеңештин кезексиз сессиясында президенттик администрация башчысы Данияр Үсөнов өлкө жетекчиси Курманбек Бакиев Ош шаарынын мэри кызматына Жогорку Кеңештин депутаты Мелисбек Мырзакматов менен президенттик администрациянын мамлекеттик саясат жана уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Уран Ботобековдун талапкерлигин сунуш кылганын билдирди.

Уран Ботобеков өз талапкерлигин алып салды

Ушундан кийин трибунага көтөрүлгөн Уран Ботобеков өз талапкерлигин алып таштай тургандыгын айтып, муну ал атаандашы Мырзакматов бул кызматка өндүрүшчү, уюштуруучу, саясатчы катары бардык жагынан татыктуу экендиги менен түшүндүрдү.

Мэрди шайлоо боюнча комиссияны жетектеген Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовский жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялады.

- Уран Ботобековдун чечимин кабыл алдык. Кезексиз сессияга 30 депутаттын 28и катышты. Бардыгы 40 жаштагы Мелисбек Мырзакматовду кубаттап добуш беришти. Ошондуктан, Мелисбек Мырзакматовду Ош шаарынын мэри болуп шайланды деп эсептейбиз.

Жаңы мэр Мелисбек Мырзакматов шаар улам тарып бараткандыгына тызылдап, мындан ары көп кабаттуу турак жайларды көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бураарын ачыктады.
Ош шаарынын жаңы мэри Мелисбек Мырзакматов

- Эми шаардын борбору гана эмес чет жакадагы кичирайондордун да элинин турмуш шартын жакшыртууга күчүмдү жумшаймын. Ички жана тышкы инвесторлорду таап, шаарыбыздын көркүн ачкан мыкты турак жай куруу боюнча максаттуу иш алып барууга умтулабыз.

Мелисбек Мырзакматов ошондой эле шаар депутаттары көрсөткөн ишенимди чукул арада актай тургандыгын убада кылды.

Ош шаарынын жаш тургуну Эрнис Толтоевдин туюмунда, курбалдаштары жаңы жетекчи Мырзакматовго чоң үмүт байлап жатышкан чагы:

- Акыркы мезгилдерде шаардын бийлиги жаштар менен көпчүлук мезгилде эсептешпей жаткандыгын көп көрүп келебиз, азыркы Мелис Мырзакматов бизнести, чыныгы экономиканы түшүнгөн, ошол эле мезгилде саясатка аралашкан инсан. Ошондуктан жаштар менен да чындап иш алып барат деген чоң ишеним бар.

Шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын кызматкери Болот Токтосунов болсо генералдык планды такташтырып бекитмейинче, Ош калаасы анклав бойдон кала берээрин эскертти.

- Биринчи кезекте генпланды тактап алышыбыз керек. Чегарабыз так эмес да... Шаардын ичинин биягы Кара-Суу, тиягы Араван району. Бүт эле райондор шаардын ичинде. Шаарга берип аткан жерлерибиз бүт баардыгы шаарга кирбеген райондордо жайгашкан. Ушинтип отурсак шаарда өнүгүү болобу. Шаардык инфраструктурасы, шаардын сулуулугу, шаардын келечеги болобу, болбойт...

Ошол эле учурда жергиликтүү серепчи Абай Эшмаматов жаңыдан шайланган түштүк башкалаасынын мэрине команда түзүү мүмкүнчүлүгү берилсе, шаар өнүгөт деген ойдо:

- Буга чейинки мэрлердин эч кимиси деле шаарга кыйратып жакшы жумуш кылып берген жок. Бул мэрден биз эмнени күтөбүз, шаарда ар кандай архитектуралык талапка жооп бербеген курулуштар көбөйдү, эми ошолордун баарын ирээтке келтирип анан шаардын инфраструктурасын көтөрүш керек. Шаар дегидей аты эле бар да, же болбосо чоңураак бир айылга келгендей эле болосуң азыр Ошко келсең.

Ж.Акенеев: Коомдук палата “кол палатага” айланчу болсо дароо чыгып кетем

Өлкө президенти эки күн мурда Ордо Кеңештин (Коомдук палата) курамын бекитти. Бул уюм эми кандай иштерди аткараары, анын мүчөлөрү кантип тандалганы тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Ордо Кеңештин мүчөсү, экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев жооп берди.

- Жумакадыр мырза, Ордо Кеңеш тууралуу президенттин жарлыгы чыккандан тартып эле коомчулукта түрдүү божомолдор айтыла баштаган. Анын арасында Ордо Кеңеш бийлктин кызыкчылыгы үчүн гана иштеп берүүчү кезектеги уюмга айланат деген пикирлер да айтылууда. Ордо Кеңештин мүчөсү катары мындай пикирлерге карата эмне айта аласыз?

- Эми Кыргызстанда коомдук палата деген мурда болгон эмес, ошондуктан мындай тажрыйба жок туруп бүт баарын эле жаман деп айта бергенде туура эмес да. Президент өзүнө мындай бир кол палата түзүп алып, элге чыкканы жатат деп айтып атышпайбы. Эми бул ар бир адамдын жеке пикири. Менимче, кандай болбосун Коомдук палата кандай иштээрин убакыт көргөзөт. Ал жерде тажрыйбалуу, бүт баардыгын түшүнгөн, өзүн билген, эч кандай бийлике багынып бербеген адамдар бар. Мисалы мен бөлөк жактан ушундай-ушундайды жасайсыңар, тигиндей мындай дегенди уксам ошол замат эле арыз жазып, бул палатадан чыгып кетем. 45 тажрыйбалуу адамдар бул палатага мамлекетке, элибизге, коомчулука жардам берели деген ой менен чогулуп жатабыз да. Эч кандай айлык маяна, эч нерсе албай өзүбүздүн ишибизден тышкары колдон келген жардамды берип калалы деген ой менен чогулуп жатабыз. Эми кандай жумуш жасаарыбызды убакыт көргөзөт.

- Жобо боюнча Ордо Кеңеш Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу мыйзамдарга, өкмөттун чечимдерине баа берип, пикирин билдире алат да. Ошол сиздер берген бааны, сунуштарды парламент менен өкмөт угуп, кабыл алышы мүмкүнбү?

- Жогорку Кеңеш бийлик сунуштаган эле мыйзамдарды кабыл алып, бийликтин айтканын аткарып атат деген сөздөр болуп атат. Коомдук палатага ошондой мүмкүнчүлүктү берсе, маселен бул же тигил мыйзам коомчулукка момундай зыян келтирет деп ачык айтабыз да. Коомдук палата бул коом менен байланыш да, биз элге айтып чыгыш керекпиз бул мыйзамга туура келбейт, бизге мындайдын кереги жок дегендей. Менимче биз ошондой маселелерди талкуулап, бир жакшы тыянагабызды айтсак бийлик аны угуп, кандайдыр бир жыйынтык чыгарат деген ойдомун.

- Ордо Кеңештин мүчөлөрү мамлекет башчы тарабынан кечээ бекитилди. Алардын арасында бийликке кескин сын айтып жүргөн саясий партиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жоктугу көрүнүп турат. Мүчөлөрдү тандоо жолу кандайча жүргүзүлгөнүнөн кабарыңыз барбы, мисалы сизге кандай сунуштар түштү эле?

- Жок, мен анысын билбейт экенмин. Биз үч жыл мурда “Комсомол” деген уюм түзүп, чоң жумуштарды аткарып жатабыз, маселен мурдагы студенттик отряддарды жандандырып, мына үч жылдан бери иштеп атат балдар. Уюмубузда он беш миңдей мүчөлөрүбүз бар да. Коомдук палата болот дегенден кийин алар кеңешке чогулуп, сиз сөзсүз түрдө бул палатага кирүүгө аракет кылыңыз биздин атыбыздан, биз дагы мамлекет үчүн бир иш жасап берели деген сунуштарын айтышты. Анан мен Коомдук палатага кирээр-кирбесимди да билген эмесмин. Биздин уюмдун сунушун карап, таразалап көргөн соң киргизсе керек да.

«Кумтөр»: өкмөт сүйлөшүүдө, парламент улутташтыруу мыйзамын даярдоодо

Парламентте салык, бажы кызматынын жетекчилери алтын кен маселсин талкуулашты

Кыргыз өкмөтү канадалыктар менен “Кумтөр” алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрүн улантууда. Парламентте “Кумтөр” алтын кенин улутташтыруу тууралуу мыйзам долбоору кезегин күтүп турат.

Парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков канадалыктар менен жаңы келишим долбоорун иштеп чыкчу жумушчу топ ишин жүргүзүп жатканын ырастап, эгер ал ишке ашып калса Кыргызстандын үлүшү 2008-жылдан тарта эсептелине тургандыгын маалымдады.

К.Исабеков депутаттар менен алтын кен маселесин талкуулады
- Мен сиздерге бир нерсени ачык айтып коеюн, А.Атамбаевдин келишиминде биртоп нерселер көмүскөдө калган. Эмне үчүн “Центерранын” мүчөсү болуп туруп, анын башка кендерин изилдеп койгон жокпуз. Алардын канча тапканын, алардын Кыргызстанда үлүшү канча? Кээ бир кен, мисалы, 38% ээ “Рен” алтын кени кыргыз өкмөтүнүн макулдугусуз эле сатылып кетиптир. Ушундай нерселер каралган эмес. Бир да тыйын зыян тарткан жокпуз. Мен сиздерге бир нерсени айтып коеюн, биздин комиссиянын да максаты, зыян кетпеш үчүн өткөн жылдын 1-январынан тарта төлөмдөр кетиши керек.

И.Чудиновдун экинчи жылга созулуп бараткан жаңы келишим түзүү аракети ишке ашып кетсе “Кумтөр” алтын кенинен арбын салык түшө тургандыгын К.Исабеков да ырастады. Вице-спикердин “Кумтөр” алтын кенин улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам долбоору парламенттин эмдиги айдагы күн тартибине киргизилип, кезегин күтүп турат. Ошол өкмөт түзгөн жумушчу топтун айрым мүчөлөрү, салык, бажы, социалдык кызмат жетекчилеринин “Кумтөр” алтын кен компаниясынын жетекчиси менен Жогорку Кеңеште 28-январда жолугуп, ортодогу талаш маселелерди жабык талкуулашты.

Анда эмне кеп-сөз болгонун сурап “Кумтөр” алтын кен компаниясынын президенти Андрей Сазановго микрофон сундук.

- Жаңы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы алар аяктагандан кийин айтылат. Мен сүйлөшүүлөр кандай жүрүп жатканн айта албайм. Ошондой деп сүйлөшкөнбүз. Сүйлөшүүлөр бүткөнчө эч кандай комментарий берилбейт.

Парламенттин вице-спикери К.Исабеков компания 997 миллион 500 миң сом салык төлөбөй келатканын билдирди. Компаниянын “Сары-Төр”, “Түштүк-батыш” участокторун изилдөө иштери да артынан 1,5 миллиард сомдон ашуун талаш чыгарып, анын да башы ачыла элек.

Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орунбасары Жеңишбек Эшенкуловдун айтуусунда, 11 жылга созулган талаштуу салыкты төлөөгө “Кумтөр” алтын кен компаниясынын шашылган жери жок:

- Талашка түшкөн салык төлөнө элек. Күнүңкү төлөмдөрдү алар убагынан кечиктирбей эле төлөп келатышат.

1,5 миллиард сомдук талаш тактала электигин Кыргызстандын Бажы комитетинин төрага орунбасары Самсалы Суваналиев да билдирди:

- Бир жумадан кийин бул сандарды айтып беребиз. “Кумтөр” алтын кенинен маалымат алынды, эми андай дооматыбыз жок.

Анткен менен чоң талаш 2003-жылдын 31-декабрында Николай Танаев кол койгон өкмөттүн “Кумтөр” алтын кен долбоорун өзгөртүү жөнүндөгү токтомдун айланасында жүрүүдө. Өкмөттүн жаңы канадалык компанияга уюштуручулардын катарында 35% акцияга ээлик кылууга макул болушу, анан да анын жарымын 80 миллион долларга сатып ийиши көпчүлүк үчүн эмдигиче табышмак. 2007-жылдын августунда А.Атамбаевдин өкмөтү Кыргызстандын акцияларын дагы 15%, салык, төлөмдөрдү, Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө арбын каражат бөлчү жаңы келишимдерге кол коюп, бирок алар парламенттен колдоо таппай калган.

И.Чудиновдун өкмөтү түзүүгө куштар жаңы келишимдерге качан кол коюлары белгисиз. Ал арада парламенттин вице-спикери К.Исабеков өкмөттүн 2003-жылкы токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен экинчи ирет сотко кайрылды.

Эл каттоо мигранттардын эсебин тактай алабы?

Улуттук статкомдун төрагасы О.Абдыкалыков эл каттоодо сырттагы жарандардын так эсебин алуу мүмкүн дейт.

Ушул жылдын 24-мартынан 2-апрелге чейин Кыргызстанда эл жана турак-жайларды каттоо өтмөкчү. Айрым укук коргоочулар бул эл каттоо үстүртөн жүргүзүлүп калышы мүмкүндүгүн айтышууда.

Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Орозмат Абдыкалыковдун айтымында, эл жана турак-жай корун каттоо иш чарасын өткөрүүнүн негизги мааниси мамлекеттин мындан аркы өсүп-өнүгүүсүн пландоо болуп эсептелет.

-Өлкө аймагында канча адам жашайт? Алардын социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү, билим жагынан бардык жагынан мүнөздөмөсүн алып, ошого жараша өлкөбүздүн өнүгүү программасын иштеп чыгат. Турак жайларды каттоодо деле канча турак жайлар бар? Алардын саны, сапаты. бир адамга канча чарчы метр аянт тиешелүү? Там-таштын сейсмикалык абалы, кирпичтен салынганбы, же саман кирпичтен салынганбы? Ушулардын барын тактап чыгып мамлекеттин алдыда турган милдеттерин аныктоо.

Абдыкалыков белгилегендей, комитет тарабынан эл жана турак жайларды каттоого мамлекеттик бюджеттен 127 млн.сом каражат бөлүп берүү өкмөткө сунушталган. Бул иш чараны өткөрүүгө 15 миң адам тартылышы күтүлүүдө. Комитеттин жер-жерлердеги бөлүмдөрү каттоо өткөрүүгө толук даяр болушкан. Ал ошондой эле эл каттоодо ички жана тышкы миграция тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Эл жана турак жайларды каттоо учурда Кыргызстан үчүн зарыл экендигин, бирок Улуттук статистикалык комитет бул ишти өткөрүүнүн мезгилин туура эмес тандашкан, ошондуктан эл каттоо үстүртөн эле жүргүзүлүп калышы мүмкүн деген кооптонуусун укук коргоочу Акин Токталиев билдирди.

- Бул туура эмес. Эл каттоону 24-мартта өткөрүү бул кара күчкө жалган өткөрүү дегенди билдирет. Мурдагы Совет мезгилинде эл каттоо жылдын соңунда, же жылдын башталышында эл үйлөрүндө болуп, эч жакка чыкпай калган маалда жүргүзүлчү. Март айында күн жылып,элдин ары-бери жүргөн кыймылы көп болот да, каттоо маалында көпчүлүктү таппай калышы мүмкүн. Ошондуктан формалдуу түрдө өткөрдүк дешип, өкмөттүн акчасын бөлүп алышып, анан өткөрдүк дешип отуруп калышат.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары комитет отурумунда Улуттук статистикалык комитет так эмес маалымат берип жатат деп сынга алып, анын ишмердүүлүгүн текшерүү маселесин көтөрүшкөн

Орозмат Абдыкалыков депутаттардын мындай пикири менен макул эмес. Анын айтымында, Улуттук статисткалык комитет саясий-административдик кийлигишүүлөрдөн чыгарылып, ага кесиптик көз карандысыздык берилген. Андыктан кандайдыр бир бийлик бутактарынын, же саясий күчтөрдүн кызыкчылыгын көздөбөйт:

- Депутаттардын сын-пикири тууралуу маалыматым бар. Алар балким толук түшүнбөй калган жагдайлар болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан биз толук маалымат даярдап, аларга түшүндүрүп беребиз. Ал эми эл жана турак жай корун каттоого жер-жерлерде толук даярдыктар бар десем болот. Биз так маалымат бергенге гана мажбурбуз. Башка бизде эч кандай кызыкчылык жок.

Айрым байкоочулар менен укук коргоочулар Кыргызстандан 700 миңге чукул атуул чет мамлекеттерге эмгек мигранты болуп кетишкенин, шайлоо маалында алардын ордуна жергиликтүү бийлик өкүлдөрү добуш беришип, шайлоолор бурмаланып келатканын айтышууда. Бул маселеге Улуттук статистикалык комитеттин тиешеси жоктугун билдирген Абдыкалыков каттоодон өтүп чет өлкөлөргө чыгып кеткен кыргыз жарандарынын саны 37 миңдин тегерегинде экендигин, эмгек мигранттарынын так санын айтууга мүмкүн эместигин кошумчалады. Ал ошондой эле эл каттоодо сыртта жүргөн атуулдардын так санын аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кошумчалады.

Улуттук статистикалык комитетке буга чейин каржылык-техникалык жардамдарды берип, колдоо көрсөтүп келаткан БУУнун калкты жайгаштыруу корунун Кыргызстандагы координатору Нил Волкер алдыдагы эл жана турак жайларды каттоо иш чарасы оңойго турбастыгын белгилеп, аны өткөрүүгө 150 миң доллардан ашуун каражат жана техникалык жактан жардам беришерин белгиледи:

- Тоолуу аймактын өзгөчөлүгүн эске алганда, бул каттоо биздин алдыбыздагы оор маселе болуп эсептелет.

Маалыматтарга караганда, учурда Кыргызстанда 5 млн. 250 миңдей адам жашайт. Алардын канчасы чет мамлекеттерде жүргөндүгү, канчасы кош атуулдук алып кетишкени, келгин кыргыздарынын саны жөнүндө так маалымат жок. 1999-жылдагы эл каттоодо өлкө аймагында 4 млн. 824 миң адам катталганы маалым.

Карина көркөм муз тебүүдө кыргыз намысын коргойт

Карина Ураимова көркөм муз тебүү боюнча эл аралык мелдештерге Кыргызстандын атынан катышкысы келет

Бишкектеги шаардык муз сарайында көркөм муз тебүү боюнча спорт чебердигине талапкер Карина Ураимованын өнөрүн спорт адистери сындан өткөрдү. Эми ал эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргомок болду.

Орусиянын Новосибирск шаарында туулуп, өскөн кыргыз кызы Карина Ураимова жети жашында гимнастика менен машыгып, 6 жылдан бери, тактап айтканда 9 жашынан тарта көркөм муз тебүүнүн сырларын үйрөнүп келүүдө. Анын көркөм муз тебүүдөгү алгачкы устаты орусиялык Владимир Радченко болсо, кийин белгилүү машыктыруучу Александр Жулинден сабак алган.

Ошондой эле Орусияда, Польшада өткөн көркөм муз тебүү боюнча эл аралык мелдештерге катышып, адистердин көңүлүн бурган. Москвада спорт чебердигине талапкерлик талаптарды орундаткан.

Каринанын атасы, өзгөндүк кыргыз Карим Ураимовдун айтымында, апасы монгол кызы болгондуктан Монголиянын спорт жетекчилери расмий чакырып, ага шарт түзүп берүүгө убада кылышып, Каринаны Монголиянын атынан эл аралык мелдештерге катышууну сунуштаган. Бирок кыргыз кызы болгондуктан монголдордун сунушуна макул болбой, Кыргызстандын намысын коргоо чечими менен, Бишкекке атайын келип, спорт жетекчилеринин, адистеринин сынынан өттү.

Көркөм муз тебүү боюнча спорт чебердигине талапкер Карина Ураимова өзү дагы Кыргызстандын атынан эл аралык мелдештерге катышууга ниет кылганын айтат:

-Мен азыр 15 жашка чыктым. Жети жашымдан спорттук гимнастика менен машыга баштагам. Көркөм муз тебүү спортун абдан жакшы көргөндүктөн Новосибирскиде 9 жашымда ушундай спорт ийримине бардым. Андан бери алты жыл өтүп, эл аралык мелдештерге катыштым. Эми Кыргызстандын намысын коргоп, эл аралык мелдештерде Кыргыз туусун көтөрүп чыккым келет. Балким 2010-жылы Канаданын Ванкувер шаарында өтө турган кышкы олимпиадада Кыргызстандын намысын коргоп калышым дагы ыктымал.

Кыргыз спорт адистеринин алдында Карина Ураимова муз үстүндө эки ирет өз өнөрүн, чеберчилигин көрсөттү.

Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Мурат Жакыповдун баамында, Карина Ураимованын техникалык даярдыгы, көркөм муз тебүү чеберчилиги жогору болгондуктан адистердин үмүтүн жандырып турат.

Көркөм муз тебүү боюнча спорт чебердигине талапкер Карина Ураимова Орусиянын атуулу болгондуктан, өзү дагы Кыргызстанга келип, өлкөнүн атуулдугун алууну каалап турат.

Ошентип Кыргыз спортунун тарыхында алгачкы көркөм муз тебүү өкүлү болууну каалаган Карина Ураимовага өлкөдөн демөөрчүлөр табылып, спорт жетекчилери ага шарт түзүп бере алышабы? Бул маселелердин башы ачылбай, суроолорду жаратып турган учуру.


Ж. Пиримбаев: “Ачык-айкын башкаруу жөнүндө биринчи жолу сөз болуп жатат”

Профессор Жусуп Пиримбаевдин пикиринде, мамлекет башчы элге кайрылуусунда биринчи жолу ачык-айкын башкаруу системасын түзүү тууралуу маселе көтөрдү.

- Президенттин кайрылуусу боюнча пикириңизди кыскача айтып кетсеңиз. Сизге кандай таасир калтырды?

-Негизинен бул жанагы коомдо болуп аткан олку-солку ойлорду бир аз түздөгөнгө өзүнүн салымын кошуп кете турган болду. Себеп дегенде, 18 жылдан бери ачык сүйлөшүү деген жок, президенттердин кайрылуусунда тактык жок жөн эле мындай декларативдүү сүйлөөлөр көп болуп кеткен да. Азыр эми өтө кыска, бирок мазмундуу кайрылуу болду да. Эгерде ушул кайрылууну чын ой менен мамлекеттин келечегин оңдоо жөнүндө айтылган сөз десек жаңылышпайбыз.

- Кайрылууда демократия менен мамлекттик башкаруунун, базар менен мамдекеттик жөндөөнүн тең салмактуулугун сактоо тууралуу айтып, президент бийликтин күчүн гана чыңдоого аракет кылган жокпу?

-Жок, бул жерде аны башкачараак түшүнүш керек деп ойлойм. Себеп дегенде тең салмак деген демократиялык, рыноктук, анан улуттук менталитеттин тең салмактуулугу деп атпайбы. Бул деген анын тең салмактуулугун контроль кылуу эмес, бул деген ошол улуттун денгээлиндеги жанагы демократиялык системанын, рыноктук системанын колдонула турган жерлери ушул улуттун менталитетине төп келе турган, шайкеш келе турган болсун деп атат. Тең салмактуулук эмес шайкеш келе турган кылып иштеш керек деп атат менимче.

- Мисал үчүн кандайча болгондо деп айтасыз?

-Мисал үчүн мындай болуп атпайбы. Биз бүгүнкү күнгө чейин жанагы либералдуу экономиканын закону менен иштеп атабыз да. Либералдуу экономиканын законунун жыйынтыгы мына көрүнүп атпайбы бүгүнкү күндө. Эгер улуттун менталитетин эске албасак, анда экономиканын жана рыноктук системанын эффективдүүлүгү болбойт. Ошол жөнүндө сөз болуп атат, ошол рыноктук экономика системасын улуттук менталитет менен демократиянын талаптары менен шайкеш алып барыш керек деген сөз болуп атат. Тең салмактуулук эмес, аларды мындай теңдештиргиле деген жок да.

- Демократия менен базардагы хаосту жөнгө салуу дегендей пикир бар да.

- Жок, андай пикир жок бул жерде. Эң негизги айтып аткан ой башкаруу системасы жөнүндө болуп жатат. Жаңы башкаруу системасы, улуттук деңгээлде өзүбүздүн күчүбүз жете турган башкаруу системасын куруш керек деген маселе коюлуп атат. Биз ошол улуттук башкаруу системабызды түзө алабызбы, түзө албайбызбы бүгүнкү күндө? Эгер келечекке кете турган болсок, биз ошону түзүш үчүн айкындык, жарандардын катышуусу менен алып барышыбыз керек деп атпайбы. Ошонун негизинде партиялык системаны күчөтөбүз деп атат. Анын эмнеси демократияга каршы, ал туптуура эле. Партиянын таасирин көбөйтүш үчүн алардын активдүүлүгүн арттырыш керек.

- Президенттин кайрылуусу чыккандан кийин эле анын өзүнүн бийлигин чыңдоо аракетин көрө баштаганынан кабар берип атат деген пикирлер айтылып баштады. Сиз кандай ойлойсуз?

-Өзү негизи кыргыздар бөйрөктөн шыйрак чыгарганды жакшы көрүшөт да. Ар бир айтылган сөзгө эле каршы бир нерсени айтып, кыйытып, какшыктап турса. Мен кечээки президенттин айтылган сөздөрүндө эч бир мындай кыйыр ойду түшүнгөн жокмун. Биринчи жолу, мисалы, ачык-айкын башкаруу системасын куруу жөнүндө сөз болуп атат. Эгер кыргыздар муну колдой албаса, анда баягы бирин-бири кодулап, бул муну ойлоп атат, тигил тигини ойлонуп атат деген соз менен отура беребиз.

Туура, эгерде бул иштер ийгиликтүү бара турган болсо башкаруу бийлигине болгон ишеним артат. Башкаруу бийлиги чындап эле өзүнүн түбүн түптөйт. Бул мамлекеттүүлүктүн негизги маселелеринин бири. Эгерде бул жагынан келгенде биз бийликтин жалпы талабына жооп берээрин айтышыбыз керек да.


Зайнидин Курманов: Жок Конституцияга кантип таянабыз?

Президенттик шайлоону 2009-жылы күзүндө өткөрүү жөнүндө СДП фракциясы көтөрүп жаткан маселенин канчалык жүйөөсү бар? “Азаттыктын” суроолоруна Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары комитетинин төрагасы Зайнидин Курманов жооп берет.

- Зайнидин мырза, СДП фракциясы президент Курманбек Бакиев президенттик шайлоону 2010-жылы эмес, эски Конституцияга ылайык 2009-жылдын күзүндө өткөрүшү керек деген маселени көтөрүп жатат. Фракция төрагасынын орун басары Иса Өмүркуловдун айтымында бул боюнча Конституциялык Сотко кайрылуу аракети көрүлүп жаткан экен. Сизде кандай пикир бар бул боюнча?

- Азыр Кыргызстанда бир гана Конституция бар, мурунку Конституциялар, өзүңүз билесиз, Конституциялык Соттун чечими менен жараксыз болуп калган. Анан эски Конституцияга, жок нерсеге кантип таянабыз? Референдум менен алынган азыркы жаңы Конституцияда жазылып турбайбы, 43- беренеде, президент 5 жылга шайланат деп. Шайлоону ким жүргүзөт? Президенттин жаңы шайлоосу Жогорку Кеңештин токтому менен даярдалат.

Мен ал маалыматты окугам. Суроолор туулуп атса юридикалык карама-каршы ар кандай пикирлер чыгып атса, ал үчүн Конституциялык Сот бар да, ошол жака кайрылсын. Эми, кудая шүгүр, төрт жолу президентти шайлаганбыз, ошону билишибиз керек да. Ал жерде бешинчи жылдан баштап шайлоо өткөзүлсүн деген эч нерсе жок.

- Жаңы Конституция боюча шайлоо 2010-жылы кайсы учурда өтүш керек негизи?

- Мына санап көрсөк - 2010-жылы июль болуп атпайбы. Жаңы мыйзамда, Президент жөнүндө мыйзамда беш жыл мөөнөтү ошол мезгилде бүтөт деп жазылып турат. Ошон үчүн мен ойлоп атам Иса Шейшенкулович (Өмүркулов) юристер менен консультация өткөзүп, маалымат бербесе жеңил ой-пикирге айланып баратат. Мыйзам чыгаруучу болуп аткандан кийин, депутат мыйзамдарды алып аткандан кийин биздин маалыматтарыбыз жеңил болбош керек.

- Маселен, Орусияда деле президенттик мөөнөт 6 жылга узартылганы менен, Дмитрий Медведевге бул ирет 4 жыл гана башкарып, анан кийинки президенттик шайлоого барыш керек деп атышат да. СДП лидерлери ушул мисалды да келтирип атышат.

-Эми Медеведев боюнча алып көрсөк, ал жерде таптакыр башкача да. Ал жерде азыркы иштеп жаткан Конституцияга киргизип атпайбы өзгөрүүлөрдү. Аны эч ким жойгон жок. Бизде акыбалыбыз башка болуп атат да. Мурдагы Конституция жоюлуп кеткен.

- Анан дагы бир суроо сизге Ордо Кеңеш боюнча. Сиз Ордо Кеңештен эмнени күтүп атасыз? Кечээ курамы жарыяланды, сизде кандай ой калтырды курамы?

-Эми ойлор жакшы коомдук көзөмөлдө болуш үчүн жарандык коом менен тыгыз байланыш жасоого аракеттенип атат. Мен ойлоп атам Россиядагы Коомдук Палата жакшы эле иштеп кеттпедиби, өзүнчө бир азыркы бийликтерге атаандаш күч болуп, коомчулуктун таламын көздөп. Мен ойлоп атам, ошол жол менен кетсе, коомчулукка, НПОлорго жана башка уюмдарга иштеш үчүн жакшы жагдайларды түзөт.

- Парламенттин кайталоосу, көчүрмөсү сыяктанып атат деп бир укук коргоочулар айтып чыгышты. Сиз кандай дейсиз?

-Эми жумушун башташ керек да. Бала төрөлө элек, төрөлбөсө деле диагноз коюп атат, кереги жок андайларга. Иштеп көрсүн, көрүш керек да биринчиден. Эми каякка шашып баратабыз, иштеп көрсүн.

- Сиз парламент менен кандай иштешсе деп ойлойсуз?

-Парламенттке ошондой палата түзүлгөнү жакшы болот. Анкени ал жерде идеясы эң татыктуу, интелектуалы жогору адамдар чогулуп атпайбы. Ошолор кандай баа берет. Парламент чечимдерди алыш керек, өкмөт кандай чечимдерди алыш керек. Өзүнчө бир ориентир болот да. Негизинде кыргыздарга, Кыргызстанга керек болуп атат. Бизде адамдар аз, кадрлар аз. Мамлекеттин кызыкчылыгын көзөмөлдөгөн, сактаган адамдар аз болуп атат. Ошон үчүн коомчулуктун мындай саясий процесске кошулганын мен жактайм.

- Зайнидин мырза, 2003-жылы Демократиялык Коопсуздук Кеңеши деген түзүлбөдү беле, сиз деле жакшы эле билесиз да аны. Ошондон айырмалуу болгонго кудуреттүүбү. Сиз тизмесин карап көрдүнүзбү. Баягы "дежур чалдар" деген сыяктуу сындарга кабылбайбы?

-Бул ким дежур чал - Турар Койчуевби же Ишенбай Абдыразаковбу, алар өз позициясы бар адамдар. Мен бир нече адамдарды билем, аларга жогору баа берем. Калгандарын билбейт экенмин. Менин мүмкүнчүлүгүм жок андай баардыгын билгенге туурабы. Бирок алар балким башка адамдар. Алар иштеп көрсүн, иштегенден кийн баа бере алабыз. Түзүлүп атат жаңы эле. Кандай регламент боюча, кайсы маселени карайт, кандай баа берет тигил бул маселеге, ошондо гана баа бере алабыз да. Жаңы төрөлгөн баланы кантип сындайбыз.

Ошон үчүн коомчулук азыр консенсустук демократя түзөбүз деп атабыз, коомчулуктун кызыкчылыгын да сактайлык. Коомчулуктун кызыкчылыгын чечимдердин негизинде өткөрөлүк деген максатта жок деп айтабы, же коомчулук бизде баардыгыбыз ойлогон чечимдер аткарылып атабы. Аткара албагандан кийин, ошондой бир инструмент механизмдерди чыгарып чыгып атпайбызбы. Килейген Россия дагы ошого барбадыбы. Алардын тажрыйбасы көрсөтүп атат, Коомдук палата иштеп кетти. Коомчулук палата азыр мамлекетке, элге пайда келтирип атат.

И. Исаков: “Президент элди эч качан укпайт”

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын башкы катчысы Исмаил Исаков: “Президент элдин пикирин эч качан укпайт. Ал канча жолу элге кайрылуу жасап чыкпасын, эл анын сөзүнө ишенбей калды,” деп эсептейт.

-Исмаил мырза, президент Курманбек Бакиев кечээ мамлекеттик телеканал аркылуу элге жасаган кайрылуусунда өлкөнүн келечеги үчүн конструктивдүү сунуш киргизген ар бир добушка кулак төшөөгө даяр экендигин билдирди. Сиз кандай ойлойсуз, муну бийлик оппозиция менен сүйлөшүүлөргө барып, чогуу иштөө максаты менен айтты деп түшүнүүгө болобу?

-Биринчиден, ар бир жарандын сөзүн угуп, көңүлүнө бекитүү президенттин башкы милдети болчу. Ал мамлекет башчы болгондон тартып, ошонун бардыгын аткарам, деп элге ант берген. Эми мына башкарып келе жаткан төртүнчү жылы муну айтып отурганы таң калычтуу.

Биздин партия өткөн жылдын ноябрь айында өкмөттүн курамы, аны кыскартуу, өкмөттүн милдети, бюджеттик каражаттарды чыгымдоону азайтуу боюнча президентке сунуш киргизген. Ошолордун бирине эле жооп берип коюп, анан бүгүнкүдөй сөздөрдү айтса, биз ынансак болот эле.

“Мына жооп бердик, мунуңар аткарылат, бул талабыңар жарабайт,” деп бир сөзүн айтышы керек эле. Эми түштөн кийин кайра минтип айтып отурганы ишенимсиз болуп жатат. Менимче бул дагы декларативдик гана сөз болуп калат окшойт. Президент элдин пикирин эч качан укпайт, себеби дегенде өзүнүн алдына катчылык түзүп алганы – өзүнө атайын пиар компания түзүп, аларды элдин эсебинен каржылап, дагы эле өз саясатын жүргүзүүгө аракет жасаганы. Бул ишке ашпай турган нерсе деген гана ишеним келип чыгат, себеби ишеничтен өздөрү капкачан эле калган.

-Президент кайрылуусунда ар бир адам улуттук кызыкчылыктар эмне экендигин таасын аңдоого тийиш деп айтып, аларды санап да кетти. Улуттук кызыкчылыктардын башында өлкөнүн бүтүндүгү деген сөз айтылды. Айрым саясатчылар президенттин сөзү өзүнүн ишине дал келбей жатканын айтып, мисалга чегарадагы жерлердин тарыхый документтерге жана элдин каршылыгына карабай коңшуларга берилип жатканын айтышууда. Сиз кандай дээр элеңиз?

-Өлкөнүн, жерибиздин бүтүндүгү – мамлекеттүүлүктүн биринчи милдети. Мамлекет тиешелүү аймагы, тили, чегарасы болгондон кийин гана мамлекет болот. Мына ошону төрт жылдан кийин сактайм, деп айтып жатышы дагы эле баягы сөз түрүндө гана айтылып жаткан сөз, иш жүзүндө бул жүзөгө ашпай калып жатат. Албетте, мамлекет болгон соң анын бир сантиметр жерин коргоп, сактап, эч кимге бербей, ал үчүн керек болсо жанды берүүгө аракет кылуу керек. Биз болсо сөз жүзүндө айтканыбыз менен ишти таптакыр башкача жасап атабыз. Мына азыр түштүктөгү көп жерлер коңшуларга өтүп кетиши ыктымал. Ошондуктан президенттин мындай “жердин бүтүндүгүн сактайм,” деген аракеттерин биз колдошубуз керек. Бирок иш жүзүндө бул жүзөгө ашпайт, деген гана ой-пикир туулуп калган.

-Сөзүңүзгө аралжы, өткөн жылы Казакстан менен чектешип турган жердеги Каркыра жайлоосунун көпчүлүк бөлүгү Казакстандын айрым бир жерлерине алмаштыруу иретинде берилип жаткан убакта коомчулук тарабынан каршылыктар болгон. Ошол тушта президентти сындагандар “Кыргызстандын жерин четинен кертип сатуу жагынан Курманбек Бакиев мурдагы президент Аскар Акаевдин жолуна түштү,” деп нааразы болушкан. Ал мезгилде сиз мамлекеттик кызматта коргоо министри болуп турган элеңиз. Үзөңгү-Кууш Кытайга берилип жаткан кезде катуу чыркырап, каршы чыккандардын бири Исмаил Исаковдун Каркыра Казакстанга кетип атканда өз пикирин билдирбөөсүнө эмне тоскоолдук кылды? Саясатка кийлигишпөөгө милдеттендирген кызматыңызбы же?..

-Ал жерде обьективдүү себептер бар. Анткени Каркыра тууралуу эки тараптуу документтерге да ошол мурдагы президент Акаев кол коюп, аны Казакстандын парламенти ратификациядан өткөрүп салган. Бүгүнкү бийлик аны жокко чыгарууга күчү жетпей, берип койду деп күнөөлөөгө бир жагынан болот. Ал эми экинчи жагынан ошол обьективдүү себептерди эл аралык нормалардын негизинде бир калыпка келтирүү максатында экинчи жактын жасаган кадамы болсо керек деп айтууга болот. Ошондуктан Каркыранын берилишинде Исаковдун күнөөсү бар, берип койду, деген сөз туура эмес. Себеп дегенде документтерге кол коюп, баарын бердирген Аскар Акаевдин учурунда болгон.

-Президенттин кайрылуусу анын өзүнүн бийлигин чыңдоо аракетин көрө баштаганынан кабар берген кайрылуу болду деген пикирлер айтылып жатат. Кошуласызбы?

-Албетте, бүгүнкү кайрылуусунда мамлекет башчы адам укуктарын сактоо боюнча, экономиканы көтөрүүнүн жолдору боюнча, укук коргоо органдарын реформалоо ыкмалары тууралуу айтса жакшы болмок. Анткени мындан төрт ай мурда эле элге жасаган кайрылуусунда ушул маселелер боюнча тез арада иш жүрөрүн айтып кеткен. Бирок бүгүн таптакыр тескери сөздөр айтылды.

Ошондуктан, президенттин кечээки кайрылуусу президенттин өз бийлигин гана бекемдеп, оппозициянын оозун жаап, аларга пикир айтууга шарт түздүрбөй коюуга аракет кылып жаткандыгын ачыктады. Бир эле мисал: президент кайрылуусунда саясий партиялар жөнүндө айтып кетти: “Реалдуу иш менен аракеттерин көрсөтсүн,” деп айтты. Бирок ошол партияларга реалдуу иш көрсөтүүгө бийлик мүмкүнчүлүк берип атабы? Жок! Укук да бербей атышат.

Мына “Ата Мекен” партиясы Таласка барып, эл менен жолугалы деген аракетине бийлик тоскоолдук кылып, душман тоскондой тосуп атты. Темир Сариев “Ак шумкар” партиясы менен өзүнүн элине барып жолугалы десе, анын артынан куугунтуктап жүрсө, Башкы прокуратура эскертүү берип атса, анан кантип, саясий партиялар өзүнүн ишин реалдуу көрсөтө алат? Ошондуктан, президенттин кайрылуусунда өлкөнүн өнүгүшүнө элди үмүттөндүрө турган кенедей бир үрөн да жок.

-Исмаил мырза, “Азаттыктын” угармандары үчүн маек куруп бергениңизге сизге чоң рахмат!

Өчүп бараткан энергетика! Ким алат?

Кыргызстан - электр кубатынын мекени, бирок анын кээрин да тартууда.

Кыргызстандын сатыкка коюлган үч ири отун-кубат ишканасын менчиктеп алууга ичтен да, сырттан жарактуу кардар чыкпады. 27-январда “Бишкек жылуулук-электр борбору”, “Жылуулук тармактары” жана “Түндүк электр” акционердик коомунун мамлекет ээлигиндеги баалуу кагаздарын сатуу боюнча конкурска бир да инвестор катышпаганы айкын болду.

- Конкурска бир да инвестор документ тапшырган жок. Ошон үчүн комиссия “эч ким алган жок“ деп чечим чыгарды, - деди “Азаттыкка” Мамлекеттик мүлк комитетинин стат-катчысы Сүйөркул Бакиров.

Энергетикалык ири үч ишкананы сатуу чечимин өкмөт өткөн жылдын 29-октябрында чыгарган болчу.

Анда “Түндүк электр” акционердик коомунун акцияларынын баштапкы баасы 5 миллиард сомго, “Бишкек жылуулук-электр борбору” он бир жарым миллиард сомго, “Бишкек жылуулук тармактары” эки миллиардга жетпеген сомго бааланган.

Менчиктештирүү үчүн сунушта бул ири отун-кубат ишканаларынын баалуу кагазлдарын сатып алган компаниялар өкмөт койгон биртоп шарт-талаптарды аткарышка, ири өлчөмдөгү инвестиция алып келишке милдеттүү деп көрсөтүлгөн.

Буга кээ бир депутаттар өкмөт энергетикалык объекттерди сатып алган компанияларга коюлган биртоп шарт-талаптарды жеңилдетиш керек деген пикирин артууда.

- Азыр эч ким деле ала албайт. Анын себеби учурдагы акчасы бар компаниялар дүйнөлүк кризиске байланыштуу банкротко кабылып жатканында. Экинчиден кичине кымбатыраак айтсак деле болот. Мисалы, Бишкек ЖЭБинин (ТЭЦ) өзүнүн баасы эле 1 миллиард доллардан ашык болот. Аны 450 млн. АКШ долларга коюптур, аны оңдотконго дагы 250 млн. АКШ доллары керек.

Андан сырткары көмүр, мазут, газ алыш керек. Айландырууга да акча талап кылынат. Андан көрө дүйнөлүк тажрыйбага таандык бир АКШ долларга сатып, оңдойбуз десеңер ошол сатып алчу акчасын ремонтко жана башка жакка жумашсын. Ошону менен ЖЭБти (ТЭЦ) сактап калат элек. Эгерде ЖЭБ (ТЭЦ) дагы бир эле жыл ремонт кылынбаса эмдиги жылы биз таптакыр андан айрылып калышыбыз ыктымал
, - деп айтты парламент депутаты Нарынбек Молдобаев.

“Бириккен элдик кыймыл” 27-январь күнү кыргызстандыктарга жана стратегиялык обьекттерди сатып алууга ниеттенгендерге кайрылуу жолдоду. Анда Кыргызстандагы стратегиялык обьектилердин бардыгы элдин байлыгы деп баса айтылып, буга байланыштуу чечимдер жана мыйзамдар легитимсиз парламент тарабынан кабыл алынганы белгиленген.

БЭКтин мүчөсү, “Акыйкат үчүн” кыймылынын коодинатору Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, отун-кубат (энергетика) көйгөйлөрү акыркы жылдары жүргүзүлгөн мамлекеттик башкаруудагы өксүктөр менен түшүндүрүлөт:

- Тилекке каршы, акыркы үч-төрт жылдан бери, бул энергетика элге пайдасы жок иштеп жатпайбы. Бир жагынан тарифтер кымбаттады. Кыргыз энерго чоң агенствосу бар болчу. Ошону төрт- бешке бөлгөндөн кийин анан чыгашага малынышты. Бул эмнени көрсөтөт? Бул мамлекеттик менежмент аябай начар болуп кеткендигин көрсөтөт. Анан менчиктештиребиз деп айтып жатышат, менимче бул туура эмес. Анткени энергетика - бул стратегиялык маселе. Энергетиканы сатсак биздин эмнебиз калат? Кыргызстандыктарга. Кыргыз элине. Анда тоолорду, сууларыбызды сатсак, ошондон кийин мамлекет катары өзүбүздү жоготуп коёбуз.

Деген менен мамлекет жетекчилиги өлкөдөгү ири отун-кубат ишканаларынын өкмөткө таандык баалуу кагаздарын сатуу оюнан тайбай тургандай.

Өкмөт бүгүн эле “Ош-Электр” жана “Жалалабат-Электр” мамлекеттик ишканаларын баалоо боюнча конкурс жарыялады.

Ордо Кеңеш: Жөжөнү күздө санайбыз

Президент Курманбек Бакиев кечээ Коомдук Ордо Кеңештин курамын бекитти. Бийлик менен элдин ортосундагы алаканы чыңдоо максаты менен түзүлгөн уюм ушул милдетти аркалай алабы?

Президенттин 26-январда чыгарган жардыгына караганда Ордо Кеңештин курамы 45 кишиден туруп, аны Үсөн Сыдыков, Ишенбай Абдыразаков, Мукаш Базаркулов, Кубанычбек Сыйданов, Валерий Диль, Жаңыл Түмөнбаева, Сабыр Жумабеков, Владимир Нифадьев, Турар Койчуев, Калык Мамбетакунов өңдүү коомчулукка таанымал инсандар толуктады. Башкача айтканда жободо белгиленгендей уюмга саясатчылар, коомдук ишмерлер, окумуштуулар, ишкерлер, адабий, маданий ишмерлер, жарандык лидерлер киришти. Президенттик администрациянын социалдык жана гендердик саясат секторунун башчысы Муратбек Шайымкуловдун ишендиргенине караганда мүчөлөрдү тандоо Ордо Кеңештин жобосуна ылайык ар кайсы уюмдардын сунуштарынын негизинде жүрдү.

Ордо Кеңешке оппозициядан, бийликти кескин сынга алып келаткан жарандык лидерлерден тартылган жок. Алар муну өздөрүнүн айырмалуу көз караштары менен байланыштырышып, жаңы түзүмдүн пайда болушун жактабаган бойдон кала беришүүдө. Оппозиция маселен, Ордо кеңештин пайда болушун президент Курманбек Бакиевдин өз бийлигин бекемдөө аргасы дейт.

Жаңы коомдук уюмду ашыкча түзүм деп эсептеген жарандык лидерлердин бири “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова анын мамлекеттин, адамдардын кызыкчылыгы үчүн иштөөгө жөндөмдүү, көз карандысыз уюм болоруна, кандайдыр бир натыйжа берерине ишенген жери жок:

- Көзөмөлдөп турган кол бала кеңеш керек болуп атат буларга. Жарандык коом менен макулдашып атам, билип атам, пикирлерин угуп атам деген сөз үчүн эле жасалып атат.

Таанымал укук коргоочулардын бири Азиза Абдырасулова курамына кандай күчтүү инсандар кирген менен президенттен, өкмөттөн жана парламенттен көз каранды бул Ордо Кеңеш адам укуктарына пайда келгидей иш жасай алат деп ойлобойт. Талдоочулардын кыйласы жаңы уюмдун ордуна иштеп жаткан жарандык коомдор менен алаканы жандандырып, алар сунуштаган идеяларды өнүктүрүү зарыл эле деп жатышат. Анын үстүнө парламент турганда элге көпүрө болуп берет деп, кошумча түзүмдү жаратуунун зарылдыгы жок эле, 2003-жылы Аскар Акаев түзгөн Демократиялык коопсуздук кеңеши кайталанып атат деген өңдүү сындар азыр Ордо Кеңешке карата арбын айтылып жатат.

Ошол эле мезгилде Ордо Кеңештин мүчөсү Жумакадыр Акенеев жаңы уюм көз карандысыз иштерине бекем ишенип турат:

- Биздин үстүбүздө турган эч ким жок. Жогорку Кеңеш, өкмөттүн мүчөсү, керек болсо президентке деле өз оюбузду жанагинтип жардык чыгарганы менен өз оюбузду түздөн-түз айтышыбыз мүмкүн. Анткени биз өкмөттөн акча албайбыз. Иштеген иште иштей беребиз. Эч кимге көз каранды эмеспиз.

Жардыкта Ордо кеңеш республикалык бюджеттин жана гранттык жардамдардын эсебинен каржыланары белгиленген. Президенттик администрациянын өкүлү Муратбек Шайымкулов туруктуу иштөөчү жетектөөчү чакан топ гана өкмөттөн каражат алып, көпчүлүк коомдук башталышта иш алып барат деп билдирди. Бийликти сындаган коомчулуктун өкүлдөрү болсо муну жымсалдоо катары кабылдашууда.

Коммунисттер фракциясынын лидери Искак Масалиев Ордо кеңешти ашыкча түзүм деп жаткандарын кандайдыр бир деңгээлде колдойт, бирок, бийлик бул кадамга аргасыздан барды дейт:

- Аргасыздан болуп атат да. Балким коомдук уюмдардан жардам болор деген ой болсо керек. Министрлер, депутаттар, президенттин кызматкерлери өз милдеттерин так аткара албаган үчүн ушундай кадамга барса керек.

Ал эми “Ак жол” партиясынын мүчөсү, парламенттеги комитет төрагасы Зайнидин Курманов:

- Чогулган интеллектуалдык деңгээли жогору адамдар азыркы мыйзамдарга, саясий чечимдерге баа берет. Парламент, өкмөт кандай чечимдерди алышы керек? Муну айтат. Бул өзүнчө модель, багыт болуп атат. Ушул жагынан палата Кыргызстанга керек болуп атат, - деди.

Анткен менен кыйла байкоочулар Ордо кеңеш коомчулуктун кызыкчылыгын коргоого кудурети жетеби же бийликтин камчысын чапкан кезектеги сенек уюмдардын бири болобу биле албай, уюмдун мындан аркы аракеттерин акмалап турган кез.

Ордо кеңештин жобосуна караганда алгачкы уюштуруу жыйыны бир айдын ичинде өтөт. Айрым маалымат булактарында уюмдун төрагасы жакынкы он күндө шайланары кабарланууда. Президенттик администрация жетекчини уюм өзү тандайт деп, бул уюм көз карандысыз экендигин белгилөө аракетинде. Буга чейин коомчулукта төрагалыкка президенттин мурдагы кеңешчиси жана устаты, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Үсөн Сыдыков барат деген божомол тараган.

Эркин ММКны кысмактоо күчөп баратабы?

Өткөн жумада Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Талас облустук башкармалыгынын кызматкерлери айрым жергилүктүү эркин маалымат каражаттарынын ишмердүүлугунө кызыгып, анда иштеген журналистердин дайын-дарегине кызыгышкан. Бул аракетти “Журналисттер” коомдук уюму сөз эркиндигине басым катары баалаган. Аталган коомдук уюмдун координатору Мери Бекешова ушул маселенин тегерегинде “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.

- Адегенде Коопсуздук кызматынын Талас облустук башкармалыгынан сиздерге келген жооп боюнча айтсаңыз.

-Биздин Таластагы кабарчыбыздын маалыматы боюнча, УКМКнын Талас бөлүмү маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнө кызыгып, сүйлөшүп кетишкен экен. Муну албетте биздин коомдук бирикме сөз эркиндигин кысымга алуу деп эсептеди. Себеби, буга чейин дагы “Дело№” гезитинин кабарчысы Вадим Ночевкинди дагы ушундай баарлашууга чакырып, анан энергетика маселеси боюнча макаласы тууралуу сөз козгошкон эле. Ага чейин Токмоктогу “Бурана” радиосунун негиздөөчүсү Рахманжан Исламовду дагы маекке чакырып, 2005-жылы Жалал-Абаддагы банктын тонолуп кетишин изилдөөсүн токтотууну талап кылышкан. Коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн мындай баарлашуулару албетте журналисттерди сестентет, аларды өзун-өзү цензуралоосуна алып келет да. Таластагы бул баарлашуулар да албетте ушул эле окуялардын уландысы деп эсептейбиз.

- Кыргызстандын мыйзамдары күч органдарына маалымат каражатынын, ошондой эле журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүнө кийлигшүүсүнө жол бербейт. Тилекке каршы коопсуздук кызматтары тарабынан журналисттер суракка, жаңы эле сиз айтып кеткендей аңгемелешүүгө чакырылган учурлар аз эмес. Айрым пикирлер боюнча, сөз эркиндигине минтип бут тосуу мындан ары күчөшү ыктымал да.Сиздердин божомолуңздар кандай бул жаатта?

-Албетте, биз унчукпай коркуп, ушундай баарлашууларга, чакырууларга бара берсек албетте бул күчөй берет. Журналисттер өзүн-өзү коргобосо учурдагы бийликтин күч органдары албетте коргобойт да. Мисалы УКМК кайсы бир журналистти суракка чакырса барыш-барбаш журналисттин өз эрки, кааласа барбай коюш керек, кааласа барса болот. Бирок биздин журналисттер мындан ары дагы маселени курчутуп ийбейин деп мындай суракка албетте барууга туура келет да. Анкени биздин мамалекетте мыйзамга таянган иштер азыраак. Мыйзамдуу мамлекетте гана ошентип менин укугум, барбай коё алам деп барбай коёт. Биздин мамалекетте андай жок, аны баарыбыз билебиз. Бирок кандай болсо дагы конституциялык укугун коргоп, колдонуп мындай баарлашууну эмнеге жүргүзүп атканын, кандай максатта жүргүзүп атканын сурап билип барууну, же барбоону аны өзү чечиш керек.

- Бирок ошол эле учурда айрым божомолдор боюнча, бизде сөз эркиндигинин абалы коңшу өлкөлөргө караганда алда канча жакшы. Талдочулар бул жерде көбүнчө Өзбекстан менен Түркмөнстанды мисал кылып келишет эмеспи.

- Эми албетте аларга салыштырмалуу жакшыраак. Бирок акыркы учурларда ошол кошуналарга барган сайын теңелип эле бараткандайбыз...

Журтбашы болгончо суубашы бол!

Орусия президентинин Өзбекстанга болгон расмий иш сапарынын учурунда суу маселеси да талкууланды. Расмий Ташкен гидрокурулуштарды коңшу өлкөлөрдүн макулдугу менен жүргүзүү талабын коюуда.

Орусия президентинин Өзбекстанга расмий иш сапарынын негизги жыйынтыгы газ маселесинин чечилиши болду окшойт. Расмий Ташкен “көгүлтүр отунду” Орусияга сатышка куштар экенин ырастап, анын эсесине чөлкөмдөгү ортолук суу проблемасын чечүүдө колдоо көрсөтүшүн билдирди. Орусиясыз деле Өзбекстан президенти Тажикстан менен Кыргызстан ири гидрокурулуштарды баштар алдында Ташкендин да мамилесин билип коюшу керектигин такай эскертип келатат. Аны Ташкенде Орусия президенти Дмитрий Медведев да ырастады.

- Аркыл глобал долбоорлор, анын үстүнө гидростанция курулушу сыяктуу иштер коңшулардын пикирин эске алуу менен жасалышы керек.

Ошондон айрым байкоочулар Орусия президентинин Өзбекстанга расмий иш сапарынан кийин орус өкмөтү Кыргызстанга убада кылган 2 миллиард доллар кредити берилбей деле калышы мүмкүн экендигин айтууга өтүштү. Анын үстүнө Орусиянын карыз акчасынын кандай шартта берилиши да көпчүлүккө азырынча белгисиз. Мурунку Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун болжолунда Орусия карыз акчасы кайтарылгыча “Камбарата – 1” ГЭСине өзү ээлик кылышы мүмкүн.

- Бул карыздын баары кайтарылганга чейин “ушул акчага курулган ГЭСтин баары орустун мүлкү болот”, деген шартты коюшу мүмкүн. “Акчаңарды кайрып бербесеңер мүлк биздики, жаңы курулган ГЭСтер биздики, карызыбызды кайтарып берсеңер силерге өтүшү ыктымал”, деген шарт коюшу ыктымал. Андай болсо биздин суу байлыкка, иштеп чыккан электр байлыкка кимдер ээлик кылат? Анда орусуң ээлик кылат.

“Камбарата” ГЭСтерин курууга орусиялык, казакстандык инвесторлор каражат бөлүүгө куштар экени көптөн бери эле айтылып келатат. Бирок да каржылык кризис шаштысын алган казакстандык ишкерлердин Кыргызстандагы эң ири ГЭС курулушуна катышууга буямасы келбей, кийинки кездери В.Путин президент кезинде убада кылган орусиялык 2 миллиард доллар кредитти алуунун амал-аргасы жасала баштаган. Ал кредиттин тагдыры минтип арасат каларын эч ким ойлогон деле эмес. Парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын мүчөсү Табылды Орозалиев Кыргызстан коңшулардын кабак-кашын карабай өзүнүн экономикалык саясатын жүргүзүшү керек деп эсептейт.

- Биз эч кимден сурабашыбыз керек. Өзүбүздүн аймагыбызда эч кимден сурабай эле курушубуз керек.

Кыргызстандын мурунку Тышкы иштер министри Эднан Карабаев Кыргызстан ортолук суу боюнча эларалык конвенцияга кол койбогонун эскертип, Борбор Азия өлкөлөрү суу маселесинде Европа хартиясын эске алышы жөндүү болор эле деген пикирин билдирди. Анын ырасташынча, европалыктар ортолук сууга ээлик кылуу укугун гана камсыз кылбастан, аны экологиялык жактан таза сактоо милдетин да өздөрүнө алышкан.

- Бизде да суу саясатында бири экинчисине байланыштуу деген принцип болушу керек. Эгер ал укуктук жагынан ырасталса, ортодогу талаштуу маселелерди чечүүнүн механизми, ыкмасы табылар эле.

Э.Карабаевдин ырасташынча, Кыргызстандагы көпчүлүк суу сактагычтар коңшу өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыгына иштейт. Токтогул суу сактагычынын алдында калган айдоо аянттарынын ордун эч ким толтуруп берген жок.

Өзбекстан президенти тарабынан дамамат айтылып келаткан пикирге карата азырынча кыргыз бийлиги өз мамилесин билдире элек. Учурда Бишкек аткаруу бийлигин жаңылоо аракети менен алектенип, аткаминерлерди бир орундан экинчисине которуу менен алек.

Каaрман Ашымов атындагы сыйлык белгиленүүдө

Кыргыз кино башкармалыгы кыргыз киносунун маселелерин көтөргөн маалымат каражаттары жана жеке журналисттер үчүн Каарман Ашымов атындагы сыйлыкты белгилөөдө.

Киноадистеринин пикиринде кийинки убакта маалымат каражаттары жана жеке журналисттер тарабынан кыргыз киносунун учурдагы абалы, көйгөй маселелери иликтенбей, талданып жазылбай калды. А мындай ой-пикирлердин өз учурунда айтылып турушу – кино тармагынын өсүшүнө шарт түзмөк.

Мына ушул максатта кино департаменти өткөн кылымдын 60-70-жылдарында кыргыз киносу тууралу калыс пикирлерди, сындарды айтып-жазып турган сынчы-эстетик Каарман Ашымов атындагы байгени жарыялаганы турат. Каарман Ашымов азыркы Төлөмүш Океев атындагы Кыргызфильм киностудиясын 10 жыл жетектеп, “Кыргыз киносу” аттуу монографияны жазган.

Маданият министрлигинин алдындагы кино департаментинин директору Абибилла Пазылов Каарман Ашымовдун бейнесине карата төмөндөгүдөй пикирин айтты:

- Каарман Ашымов кыргыз кино өнөрүн изилдеп иликтеген алгачкы окумуштуу. Дүйнөгө атагы чыккан Төлөмүш Океевдин, Болот Шамшиевдин, Мелис Убукеевдердин кинофильмдерин талдаган киносынчы экендигин айтсак эле, анын дарамети канчалык болгону түшүнүктүү болот.

Кыргызфильм киностудиясынын директору, белгилүү кинорежиссер Бакыт Карагуловдун пикиринде Каарман Ашымовдун наамындагы байгени жарыялоонун максаты да – чыныгы профессионал киносынчыларын өстүрүүдө болуп отурат:

- Каарман Ашымовдой кара кылды как жарган калыс киносынчы жок бизде албетте. Эптеп-септеп эле жалпак тилге сала коюп жаза коймой адатка айланып калды. Бирок Чыңгыз Айтматов “Кыргыздын мыктычыгарлары азыр – бала бакчада, мектепте” деп айткандай, Каарман Ашымовдой калыс инсандар атпай Кыргыздан кантип чыкпасын...

Каарман Ашымов атындагы байгеге 2009-жылдын 1-январынан 1-ноябрына чейин жарыяланган кыргыз киносу тууралу макалалар, изилдөөлөр кабыл алынат. Сыйлыктын жоболорун Абибилла Пазылов төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Бул жерде биз массалык маалымат каражаттары үчүн да, жеке журналисттер үчүн да акчалай сыйлык, атайын диплом жана медалдарды карап жатабыз. Массалык маалымат жамааттары үчүн эң башкы сыйлык – жыйырма беш миң сом.

Эртең Бишкекте кыргыз киночулары менен Иран Ислам Республикасынын “Өнөр күнү” аттуу ири кино компаниясынын жетекчилери жолугушат. Буга чейин да эки өлкөнүн киночулары жакын чыгармачылык байланышта болуп келатышат. Абибилла Пазыловдун айтымында жолугушуунун башкы максаты – биргелешип кино жаратуу.










А.Райхман: Холокосттун таасири тийбеген жөөт үй-бүлөсү болгон эмес

Германиядагы Холокост курмандыктарына арналган музейи.

27-январь Холокост курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнү. Деги эле ушул окуянын тегерегинде Бишкектеги жөөттөрдүн сыйынуучу жайынын башчысы (раввин) Арие Райхман кенен маек куруп берди.

Экинчи дүйнөлүк согуш убагында улутчулдар тарабынан 6 миллионго чукул жөөттөр жок кылынгандыгы айтылып жүрөт. Маалыматтарга ылайык, алардын көбү мурдагы ССРдин аймагында өлтүрүлгөн. Бириккен Улуттар Уюму 2005-жылы жыл сайын 27-январда советтик аскерлер 1945-жылы Освенцимдеги туткундарды бошоткон күндү - холокост (котор. курмандыкка чалуу, оттун жардамы менен өлтүрүү) курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнү деп жарыялаган.

- Арие мырза, тарыхта кайгылуу даталардын бири катары калган бул окуяга байланыштуу эмнелерди айта аласыз? Мындан дүйнө эли кандай сабак алды деп ойлойсуз?

- Биринчиден, Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Холокост курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнү деп жарыяланышынын өзүн - бул окуя бир эле улутка эмес дүйнө элине тиешелүү деп карасак болот. Демек, бул бир гана улуттун эмес, жалпы адамзаттын эсинде калган окуя. 10 миллиондогон адамдын жашоосун алып кеткен экинчи дүйнөлүк согушта бир улуттан эле 6 миллион адам жок кылынган. Мындай учурда жалпы дүйнө коомчулугуна доо кетирген десек болот. Ал эми мындан ары ушул сыяктуу окуянын кайра кайталанбашына жана жалпы эле экстремисттик, фашисттик көз караштагы көрүнүштөрдүн болушуна жол бербеш үчүн келечек муундарга сабак катары калтыруубуз зарыл. Дал ушул окуя келечекке сабак болуп, кайра кайталанбасына ишенбиз.

- Маалыматтарга ылайык, миллиондогон жөөттөрдүн өлтүрүлгөндүгү айтылып жүрөт. Бул жеке өзүңүзгө кандай таасирлерди калтырган? Балким ата-энелер, туугандар ушул окуя тууралуу айтып бергендир?

- Өзгөчө Европа жакта холокосттун таасири тийбеген бир дагы жөөт үй-бүлөсү болгон эмес. Бул окуя бир гана Германия же Польшада жашаган жөөттөргө тиешелүү болгон эмес. Ошол эле Россия, Украина, Белорусия, Латвия, Литвада жашагандардын өзүнө түздөн түз таасири тийбесе да бул окуядан алардын жакын туугандары жабыр тартышкан. Ошол себептүү Холокост алардын эсинде, жүрөгүндө азырга чейин сакталып келет. Бирок, ошол кездеги жек көрүү сезими азыр эскерүү менен алмашып калган. Чындыгын айтканда, совет убагында Холокост деген түшүнүк жок болчу.

Ал тарыхта да белгиленген эмес, окуу китептеринде да жазылган эмес. Ал убакта Экинчи дүйнөлүк согуш, жеңиш, кызыл армия деген гана түшүнүктөр бар болчу. Акыркы жылдары гана экинчи дүйнөлүк согуштун алкагында бир улутту жок кылуу аркети жүргөнү айтылып, маалыматтар чыга баштады. Эмне үчүн Холокосттун курмандыктарын эскерүү ушул күнгө туура келип жатат? Эмне үчүн дегенде дал ушул күнү советтик аскерлер 1945-жылы Освенцимдеги туткундарды бошоткон. Менин чоң энелерим, алардын эже-сиңдилеринен укканыма караганда, экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде алар Украинада болушкан экен. Алардын айтуусу боюнча, ошол кезде үй-бүлөнүн жарымы жок кылынып, жарымы башка жакка качып кеткенге үлгүрүшкөн. Израилде холокостто курман болгондордун аты, тарыхы жазылып, чогултулган атайын музей да бар.

- Айрымдар жөөттөр бул окуяны өздөрү ойлоп тапкан, эч кандай Холокст болгон эмес деп да сындап жатышпайбы?

- Маалыматты так билбегендер гана ушунтип айтышат. Болбосо, бул окуяга байлыныштуу толгон-токой фактылар, ал эле эмес ошол убакта кыйын кезеңди жашап өткөн, бардык болгон нерселерди өз териси менен сезип көргөн, концлагерлерде тирүү калган күбөлөр бар да. Болгону ошол адамдар менен көрүшүп, алар жазган күндөлүктөрдү окуп чыгышы керек. Жүрөгү, аёо сезими жоктор гана бул ойдон чыгарылган окуя деп айтканга оозу барат болуш керек.

- БУУ тарабынан 27-январь Холокостто курман болгондорду эскерүүнүн эл аралык күнү деп жарыяланган. Ушул күнгө карата кандай иш-чаралар болду?

- Кыргызстанда бул күн еврей календары менен апрель-май айларында жана 27-январда жыл сайын белгиленет. Холокостто курман болгондорду эскерип сыйынышат. Экинчи дүйнөлүк согушту көрүп, күбө болгондор кийинки муундарга өздөрүнүн эскерүүлөрүн айтып беришет. Ошондой эле Холокостту чагылдырган дубал гезит жасалат.

- Маегинизге чоң рахмат.




“Дордой Ала-Тоо” бешинчи жолу өлкө чемпиону болду

Жекшембиде Жумгалдын Чаек айлындагы Шортон көлмөсүндө Хоккей боюнча турнир өттү. Эркинбек Матыевдин элесине арналган бул таймашка жети топ катышып мөөрөй талашты.

Беттешүүлөр кызуу өтүп, натыйжада оюн соңунда Нарындын “Дордой-Ала-Тоо” командасы менен Жумгал районунун “Тенти-Аке” клубу мелдешип 7:1 эсебинде Нарын командасы жеңип алды. “Дордой-Ала-Тоо” клубу ушуну менен бешинчи ирээт чемпион аталды. Турнирде коло медалды Чаектин “Тынаалы” командасы алды. Хоккей боюнча мелдештин уландасы 7-февралда Нарында өтөт. Ал эми Кыргызстандын чемпионаты 21-февралда Бишкек шаарында болмокчу.

Грек-рим күрөшү боюнча чемпиондор аныкталды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча спортчулару 23-24-январда Кожомкул атындагы спорт ордосунда жети салмак боюнча күч сынашты. Бул чемпионатта алдыңкы орунга татыга балбандар Кыргызстандын чемпиону аталат, кийинки эл аралык турнирлерде өлкө намысын коргошот.

Эң жеңил салмак боюнча чемпиондук наамга жаштар арасында дүйнө чемпионатынын байге ээси Арсен Эралиев татыса, 60 кг категориясында Атай Койчукулов, 66 кг салмагында Султан Муктаров, ал эми 74 салмагында Магамед Мутаев мыкты спортчу аталышты.

Жаш балбан Азат Бейшебеков Сергей Радченкону жеңип 84 кг салмактагы чемпион болду. Ал эми 96 кг категориясында Азат Эркинбаевге эч ким теңдеш боло алган жок.

Чемпионатын жүрүшүндө 120 кг салмактагы таймаш чон кызыгууларды жаратты. Анда Азиянын оюндарынын коло байге ээси Нурбек Ибрагимовду уландар арасында Азиянын чемпиону Мурат Романов утуп алды.

Бул чемпионаттын өтүшү жана жыйынтыгы тууралуу грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан курамасынын ага-машыктыруучусу Эмил Алыкулов “Азаттыкка” төмонкүлөрду айтып берди:

- Кыргызстандын чемпионатын жыл сайын январь айында өткөрүп турабыз. Алдыңкы орундарга татып, өздөрүн жакшы көрсөткөн мыкты балбандарды тандап курама командага мүчө кылабыз. Быйылкы турнирге Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөнөв, Жанарбек Кенжеев сыяктуу спортчуларыбыз катышкан жок. Бул ирээт биз жаш спортчуларды да тандайлы деп чечкенбиз. Гуанжоу Азия оюндарында, андан кийин Лондон олимпиадасында ишеничти актай турган балбандарды тандап, ошол жаш спортчулар менен биргеликте өлкө намысын коргосок деген эле тилек.

- Келекчекте кыргыз балбандары дагы чоң ийгиликтерге жетет деп ишенесизби?

- Олимпиада оюндарында, дүйнө чемпионаттарында ийгилик көрсөткөн балбандарыбыз бар. Демек Кыргызстанда грек-рим күрөшүнүн мектеби өсүүдө. Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевди көргөн жаш балбандар Лондон олимпиадасында, Азия оюндарында абдан жакшы күрөш көрсөтүшөт деген үмүттөмүн. Менимче, кыргыз элин сүйүнтө турган жеңиштер али алдыда.

Молдавиянын беш жолку чемпиону “Шериктештик-2009” кубогунун жеңүүчүсү болду

Алар жарым финалдык оюнда Өзбекстандын “Пахтакор” клубун 4:2 эсебинде жеңсе, Казакстандын “Ак-Төбөсү” Азербайжандын “Интер” клубун 1:0 упайында утуп финалга чыккан.

“Шериктештик” кубогунун чечүүчү оюну курч мүнөөздө өтүп оюн 1:1 эсебинде аяктап, пенальти тебүүдө “Шериф” футболчулары чеберчилик менен беш топту Казакстандык клубдун дарбазасына киргизсе, “Ак-Төбө” клубунун футболчусу, буга чейин Кыргызстан курамасынын оюнчусу болгон Эмил Кенжесариев топту жаза тепкендигине байланыштуу Казакстандык команда жеңилүүгө учурады.

“Шериктештик” кубогунун чемпиону аталган “Шериф” клубу экинчи ирээт бул турнирдин чемпиону болду. Белгилеп өтсөк, Орусиянын “Спартак” клубу алты ирээт, Украинанын “Динамосу” төрт жолу бул мелдештин жеңүүчүсү аталган.
Кыргызстандын чемпиону “Дордой-Динамо” клубу быйылкы “Шериктештик” чемпионатында “Д” тобунда күч сынашып, эки оюнда тең чыгып, бир жолу утулууга учурагандыктан мелдешти уланта алган жок.
  • 25-30-январга чейин Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналагна эл аралык турнир өтөт. Мелдешке Орусия, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын спортчулары катышып күч сынашууда.
  • 25-январдан 10-февралга чейин Ала-Арча капчыгайында альпинизм боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты уюштурулат.
  • 29 январдан 2-февралга чейин “Динамо” спорт борборунда дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионаты болот.


Нарында хоккейдин жаңы сезону ачылды

Нарында быйыл кар калың түштү.

Өткөн ишемби жана жекшемби күндөрү Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты, маркум Эркинбек Матыевди эскерүүгө арналган хоккей мелдеши Жумгал районунун Чаек айылындагы Шортон муз аянтында өттү.

Хоккей мелдеши жергиликтүү администрациянын, демөөрчүлөрдүн жана хоккей сүйүүчүлөрдүн колдоосу менен өткөрүлдү. Ага Бишкектин, Каракол менен Чолпон-Атанын, Нарындын жана Жумгалдын командалары катышты.

Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Мурат Жакыповдун айтымында он жылдан бери ар жыл сайын өткөрүлүп келаткан Эркинбек Матыевди эскерүү мелдеши бул оюндун өлкөгө жайылышына өбөлгө болууда.

Эки күндүк таймашуунун жыйынтыгында баш байге үчүн Нарын шаарынын “Дордой-Алатоо” командасы менен Жумгалдын “Тенти ата” командалары беттешип, 7:1 эсебинде нарындык хоккейчилер жеңишке жетишти.

Нарындын “Дордой-Алатоо” командасынын жетекчиси Болот Тентимишовдун айтымында мелдеш курч мүнөздө өтүп, нарындыктар алтынчы ирет катары менен Эркинбек Матыевди эскерүү мелдешин утуп алышты.

“Ошондой эле 7-февралда Нарын шаарынын биринчилигин өткөргөнү бардык хоккей командасын Нарынга расмий чакырдык” -деди Болот Тентимишов.

Эркинбек Матыевди эскерүү хоккей мелдешинде байгелүү үчүнчү орунду Жумгалдык “Тыналы” командасы ээледи.

Бишкекте эл аралык талаптарга ылайык шаардык муз аянты курулгандан бери хоккей ойноо ыкмаларын үйрөнүүгө дилгир жаштардын саны өсүп баратат. Ошондуктан өлкөнүн хоккей федерациясынын демилгеси менен 21-февралда Бишкек шаарынын ачык биринчилиги өткөрүлгөнү камылгалар көрүлүүдө.

Чынында эле Бишкекте шайба хоккейи жана коньки менен муз тебүү үчүн атайын спорт жай курулгандан бери кышкы спортко кызыккандардын катары арбып баратат.

Кеңеш доорунда балдар арасында хоккей боюнча да «Алтын шайба» мелдештери өткөрүлүп турчу. Эгемендүү болгондон бери кышкы спортунун деңгээгли төмөндөп, көңүлдөн чыгып кеткен. 7-8 жылдан бери жумгалдыктардын демилгеси менен хоккей оюну жанданып, ар жылы бирден экиден команда кошулуп жатат.

Ошондой эле Орусия хоккей федерациясы да кыргызстандыктарды колдоого алуу ниетин билдирүүдө.

Ошентип Кыргызстанда хоккей оюнунун быйылкы маалы ачылды.




Т.Сариев: Өлкөдөгү саясий абал өтө оорлошуп баратат

“Ак шумкар” партиясынын лидери, БЭКтин мүчөсү Темир Сариев соңку кадрдык өзгөрүүлөр, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал, энергетикалык ишканалардын сатыкка коюлушу тууралу "Азаттыктын" түз ободогу сууроолоруна жооп берди.

-Темир мырза, алгач кечээки кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу пикириңизди айтып кетсеңиз. Бийлик жаңы, жаш кадрлар келди деп билдирүүдө, ошого кошуласызбы?

- Эки-үч адамды жаңы деп апкелишти. Анын ичинен мен бирөөнү гана жаңы деп айтат элем, ал –Өмүрбек Бабанов. Президент мамлекеттик кызматкерлерди эмне үчүн алмаштырды, кандай ою бар, муну биз билбейбиз. Бүгүн УТРКдан сүйлөйт деп атышат, мүмкүн ошондо айтар. Бирок азыр өлкөдөгү социалдык-экономикалык, саясий абал абдан кыйын, өзгөчө саясий абал өтө оор болуп турат. Өкмөттүн алдында абдан чоң иштер турат. Шашылыш чараларды көрүү керек, буга алардын алы жетеби, жетпейби, бул башка маселе.

- Өткөн жумада “Ата Мекен” партиясынын лидерине да каршы кылмыш иши козголду. Буга чейин сизге да Баш прокуратурадан эскертүү берилген. Бийлик мындай жолдор менен оппозициянын колу-бутун тушоого аракет кылып жатканы айтылууда, сиздердин кадамдар кандай болмокчу?

- УКМКнын кызматкерлери өздөрү келип бизге айтып берип атышат, күн сайын кандай жыйналыш болуп, эмне сөз болсо, ошонун баары бизге жетип турат деп. Муну бийлик билет. Алардын айтуусу боюнча ушундай бир талап коюлган: бүт оппозиционерлерди бардык жагынан кысып келип, колдон келсе иш таап, иш козгоп, жылдырбай, катуу басым жасоо тууралуу. Экинчиси - биз барган жердеги элдерди басуу аракети. Аларды коркутуп-үркүтүү менен оппозицияга жолотпоо. Иши кылып бизди жазга чыгарбоо үчүн катуу даярдыктарды көрүп жатышкандыгын өздөрү айтып келип атышат. Мен түздөн-түз бүгүнкү бийликтин өз ишин алдыга алып кете албай, элдин нааразычылыгын күч менен токтотууга далалат жасаганын гана көрүп турам.

- Кабарларда айтылгандай, өлкөдөгү үч энергетикалык ишкана: “Түндүк электро” АКсы, Бишкек ТЭЦи жана Бишкек жылуулук тармактары чогуу сатыкка коюлуп жатат. БЭКтин талаптарынын бири – дал ушул энергетика тармагын менчикке бербөө болчу...

- Биз колдон келген бардык аракетти жасап, бул ишканаларды бир колго саттырбашыбыз керек. Анткени маселе “Түндүкэлектро” менен Бишкек ТЭЦинде эмес, маселенин баары сууда. Бүгүн сууга ким үстөмдүк кылса, эртең анын саясаты катуу жана күчтүү болот. Мына эки-үч күн мурун Орусиянын президенти Өзбекстанга барып келди. Биздин президент Бакиевдин 16-январда Москвага барбай калуусу жана 2 млрд. доллар тууралуу сүйлөшүүлөрдүн кечеңдеп атканы да ушул себептен. Анткени орустар менен өзбектер азыр сүйлөшүп, тактап алышты. Эң негизгиси Кыргызстан суу башында турат, ушул жерге келип, туруктуу, бир адамдын катуу саясаты жүргүзүү максаты турат. Ошонун кесепети менен бизди мажбурлап, “унчукпай тургула, биз силерге башка жагынан жардам беребиз” деп мажбурлап келишкен.

Бул түздөн-түз Кыргызстандын коопсуздугуна, анын ичинен экономикалык-энергетикалык жана мамлекеттүүлүк коопсуздукка түздөн-түз терс жагын тийгизе турган маселе. Биз ошол үчүн “Түндүкэлектро” акционердик коомун, Бишкек жылуулук борборун бир колго сатууга жол бербешибиз керек. Анткени бул ишканаларды алып алса, алар ТЭЦ аркылуу Токтогул жана Камбар-Ата ГЭСтерине чыгышат да, биздин сууга үстөмдүк кыла баштайт. Элдин, мамлекетибиздин байлыгы, бизди келечекте бага турган бул – суу. Орто Азиядагы суунун кырк пайызынын башы бизде топтолот, суунун негизги кору бизде. Эми ошону башкаларга берип койсок, биз өзүбүздүн келечегибизге өзүбүз балта чаап атканыбыз болот.

- Демек, үч бакандай болгон энергетикалык ишкананы берип жиберүү менен Кыргызстан негизги көзүрүн колунан чыгарып жиберүү коркунучу бар турбайбы?

-Албетте. Бүгүн тендер болуп, эртең ачат. Ачканда алгач биринчи болуп эч ким болбой койду дешет. Андан кийин арзандатылып экинчи тендер коюлат. Андан кийин үчүнчүсү коюлат. Ошону менен бир адам, дайындалган адам алып кетет. Анткени алардын жобосу боюнча бир да кыргыз ишканасы, кыргыз адамы сатып ала албайт. Себеби ал жерде айлана турган акчанын көлөмү 100 млн. доллардан ашуун болуш керек. Бизде болсо бир дагы мындай мекеме жок.

- Маегиңизге рахмат!

Жалал-Абат: «Ата Мекен» саясий акцияларга камданууда

“Ата мекен” партиясынын Кочкор-Ата шаардык бөлүмү 25-январда жыйын курду. Жыйындагылар партиянын лидери Өмүрбек Текебаевге кылмыш иши козголуп жатканын саясий куугунтук катары айыпташты.

Оппозициянын башка өкүлдөрүнө да ачылган кылмыш иштерин кысым көрсөтүү деп эсептешип, Ноокен районунун жашоочуларынын атынан Кыргызстан калкына жана президентке кайрылуу кабыл алынды. «Ө. Текебаев жана башкаларга ачылган кылмыш иштери токтотулсун! Болбосо, мыйзамда каралган саясий акцияларды баштайбыз!» - деп жазылат ал кайрылууда.

Партиянын Кочкор-Ата шаардык бөлүмүнүн координатору Канатбек Эрбаев Таласта табылган курал-жарактар боюнча козголгон кылмыш ишти Өмүрбек Текебаевге карата саясий куугунтук деп бааларын билдирди. Анын айтымында президенттик шайлоо утурлаган сайын бийлик Текебаев жана оппозициянын башка өкүлдөрүн каралоо максатында атайын чагымдарды уюштурууда:

- Текебаевдин мыйзам чегинде атайын уруксаты бар мылтыктарын негизсиз алышып, ага карата кылмыш ишин козгоону биз саясий куугунтук деп эсептейбиз. “Ата мекен” партиясынын Ноокен райондук жана Майлуу-Сай, Таш-Көмүр шаарларынын мүчөлөрү мыйзам чегинде ар кандай иш алып барууга даярдыктарын билдиребиз. Бул иштер бийлик тарабынан токтотулбаса, биз дагы бийликке каршы ар кандай иштерге барууну жарыя кылабыз.

Анын сунушун колдогон Ниязбек Назаровдун берген баасына караганда оппозиция өкүлдөрүнө жасалган кысым көрсөтүүлөр элдин кыжырып кайнатып, нааразылыгын күчөтүүдө:

- Биздин нааразычылык Ө.Текебаев, Жекшенкуловдордун үстүнөн козголгон кылмыш иштерин токтотууну талап кылабыз. Жашообуз кайра артка кетип атат, эл Бакиевге нааразы болуп атышат.

“Эркиндик” партиясынын төрагасынын 1-орунбасары Мойдун Мамажанов укук коргоо уюмдары куралдуу кишилерди текшерүүгө акылуу жана мыйзамсыз иш кылгандар элдин жана өкмөттүн алдында жооп берүүгө тийиш деп эсептейт. Документи жок куралды машинада ташып жүрүүнүн өзү туура эмес:

- Уруксаты бар экен десе таң калам, үч мылтыкты тең уруксат берип коюп кандай алды. Мергенчилик кыла турган мылтыктарды дагы эгер үйүнөн тапса жоопко тартылып атат. Сөзсүз бул тууралуу жооп бериш керек. Булардын нааразы болгону, мамлекеттик үркүтүп мыйзамсыз иштерге барабыз дегени туура эмес.

Партиянын облустагы теңтөрагасы Советали Сеитбеков өлкөдө мыйзам толук иштебегендигин белгиледи. Анын көз карашында бийлик мыйзамдарды оппозицияга каршы пайдалануу менен өлкөдөгү тынчтыкты бузууга өбөлгө түзүүдө:

- Акыркы кадамдар мыйзамдуу, мыймсызбы кандай болсо дагы акцияларды өткөрөбүз. Дагы реакция жасабай турган болсо, жол тосконго чейин барабыз. Бийлик мыйзамсыз кадамдарга барып атабы, биз дагы барабыз. Бизге келгенде мыйзам иштейт, бийликке келгенде иштебейт. Качанкыга чейин коркуп жашашыбыз керек.

Уюмдун мүчөсү Сабыр Үркүнбаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга нааразы болду. Анын оюнда кирешелүү тармактар менчиктештирилбейт деген убадалар аткарылган жок. Экономика өсүүдө деген ооз көптүрүүлөрдүн тескери экендигин турмуш ырастоодо. Партияларга калыстык менен мамиле жасалбайт. “Ак Жол” жыйын курса, бийлик өкүлдөрү аларды күтүп алып, имарат жана элди жыйнап бергенин көпчүлүк көрүп турат:

- Бакиевдин убадаларынан айта турган болсок, Жалал-Абатта бардыгын менчиктештирбейм деген. Бир убадасын аткарган жок. Турмуш алдыга кетти деп айта албайбыз, күн санап баа өсүүдө. Өткөндө элге кайрылуусунда Бакиев айтып атат, 12 пайызга орточо киреше көбөйдү деп. Ал эми 200-300 пайызга баа өсүп атканын айтпайт. Таласка барганда оппозициялык партияларду куугунтукка алып, жумуртка менен уруп, сотко чакыртат. Эмне үчүн партияларга тең шарт жок.

Энергетика: Баасын базар көрсөтөт

Бүгүн “Бишкек жылуулук-электр борбору”, жылуулук тармактары, “Түндүк электр” акционердик коомунун мамлекет ээлигиндеги акцияларын сатып алууга кимдер катышары белгилүү болот. Энергетикалык ири үч ишкананы сатуу чечимин өкмөт өткөн жылдын 29-октябрында чыгарган.

Сатууга коюлган үч объекттин 80% акциялары кайсы баадан төмөн сатылбашы керектигин атайын комиссия өткөн жылы эле аныктаган. Ага ылайык Бишкек, Чүй, Талас облустарын электр энергиясы менен камсыз кылчу “Түндүк электр” акционердик коомунун акцияларынын баштапкы баасы 5 миллиард сомго бираз жете бербеген акчага бааланууда. Бишкек жылуулук-электр борборуна тиешелүү мүлк 11,5 миллиардга жакын сом, Бишкек жылуулук тармактарыныкын 2 миллиардга жетпеген сомго бааланган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин статс-катчысы Сүйөркул Бакировдун маалымдашынча, энергетикалык объекттерди сатып алган компаниялар өкмөт койгон биртоп шарт-талаптарды аткарышка, ири өлчөмдөгү инвестиция алып келишке милдеттүү.

- Ошол баадан кем болгон баалар каралбайт. Экинчиден, акыркы беш жылда бир жылдык акча жүгүртүүсү 100 миллион доллардан кем болбошу керек. Оффшордук, пошлинасыз зонада катталган компаниялар катыша албайт. Андан тышкары бааны биздин мамлекеттик орган койгон тариф боюнча иштейт. 2 миллиард сомдон кем эмес бул компаниялардын карызын жаап берет. Андан сырткары 366 миллион доллар инвестиция киргизиши керек,- деп айтты С.Бакиров.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Турсун Турдумамбетовдун ырасташынча, энерго ишканалар өкмөт бекиткен программанын негизинде менчиктештирилүүдө. Программа 1998-жылы парламент тарабынан бекитилген.

- 4-этапты 2007-жылы июнь айында бекиткен. Ошол боюнча келатат. Ал боюнча бөлүштүрүү компанияларын менчиктештирүү, “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Жалалабад электр”, “Ош электр”, Бишкек жылуулук тармактары – мына ушул 5 компанияны менчиктештирүүгө Жогорку Кеңеш уруксат берген,- дейт Т.Турдумамбетов.

“Түндүк электр”, Бишкек жылуулук тармактары, Бишкек жылуулук-электр борборун кимдер сатып алууга куштар экени аныкталганча өкмөт калган энергетикалык компанияларды сатуунун камылгасына киришти. Аны Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин статс-катчысы Сүйөркул Бакиров да ырастап, баалоочу компаниялар арасында конкурс жарыяланганын маалымдады.

Бөлүштүрүү компанияларын жеке колго өткөрүү зарылдыгы тармакты кризис каптай электе эле айтылып, ансыз электр энергиясын уурдоолорду токтотуу мүмкүн эместиги айныксыз жүйөө катары белгиленип келатат. Өкмөт быйыл техникалык-коммерциялык жоготууларды 28% түшүрүү милдетин өзүнө алууда.

Парламенттин мурдагы депутаты, энергетик Райымбек Мамыровдун айтуусунда, ушу тапта тармактагы абал тууралуу кеп кылбаган киши калбай деле калды окшойт.

- Мен эми окуп жатам. Энергетиги деле, энергетик эмеси деле эксперт болуп атат. Көрүнгөн нерсени жазып жатат. Анан болгон сандар бири-бирине туура келбейт. Киловатты киловольт менен алмаштырат. Миллиардды миллион менен алмаштырат. Чынын айтканда, элдин башын айландырып бүтө турган болдук.

Анткен менен бөлүштүрүү компанияларын жеке колго өткөрүп берүү тармактагы толгон-токой проблемаларды чечип ийбестигин айрым адистер белгилешип, өкмөттүн кезектеги менчиктештирүү программасы социалдык нааразылыктан башканы жаратпастыгын айтышууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG