Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 06:30

Кыргызстан

КМШдагы жаштар жылын өткөрүү камылгасы көрүлүүдө

КМШда быйыл жаштар жылын белгилөө демилгеси 2008-жылы уюмдун Бишкек саммитинде көтөрүлгөн

Бишкекте КМШнын жаштар саясаты боюнча өкүлдөрү быйыл жаштар жылын уюштуруп өткөрүү маселелерин талкуулашты. Учурда бул уюмдагы ар бир өлкө өздөрү аткарчу иш-чараларды сунуштоодо.

Жаштар жылынын алкагында Кыргызстан энергоресурстардын келечегине байланыштуу проблеманы талкуулоону максат кылып жатат. Жаштар иши боюнча департаменттин директору Айдар Жоробековдун айтуусунда, бул меселе жалгыз гана Кыргызстан эмес башка коңшу өлкөлөр үчүн да көйгөйлүү болуп саналат:

Жаштар иши боюнча департаменттин жетекчиси - Айдар Жоробеков
-Бул иш чара маданий оюн-зоок программалары менен чектелбейт. Азыр ар бир мамлекет өзөктүү маселелерди козгоп, аны сунуштоонун аракетинде. Биз келечектеги энергоресурстар боюнча системалык түрдө конференция өткөрүүнү ойлоп жатабыз. Энергокризис биз менен катар коңшу айрым өлкөлөрдү да кучагына алып жаткандыктан, анын илимий жагын аныктап, оор абалдан чыгуунун жолун издесек дейм. Ошондой эле дүйнөлүк кризис шартында жаштарды жумуш менен камыз кылуу маселесин да карайбыз.

КМШнын аткаруу комитетинин өкүлү Александр Сосновский азыркы дүйнөлүк кризис учурунда жумушсуз калуу коркунучуна активдүү жаштардын катмары дагы кабылып калышын белгилеп, азыр аларга жардам берүү жолдорун кароо керектигин белгилейт:

-Бул иш чара жаштардын проблемаларын чечүүдөгү чоң бир башталыш. Азыр биз жаштардын жумушсуз калуусун азайтуу чараларын карап жатабыз. Убактылуу жумуш жок калганда волонтердук программаларга аларды тартууну сунуштап жатышат. Бул жакшы кадам. Анткени жаштар кыйчалыш учурда өздөрүн эч кимге кереги жоктой сезип калбашы керек. Экономикалык абал оңолгондон кийин алар кайра жумушуна кайтып келе алгандай болушу керек.

Ал эми акыркы жылдары Россиядагы жумуш издеп барган эмгек мигранттарынын скинхеддердин колунан мерт болуусуна байланыштуу проблема кеңештин иш планында камтылганбы? Бул суроого Армениянын жаштар саясаты боюнча башкармалыгынын башчысы Арсен Согомонян бул меселе өзүнчө пунк катары белгиленбегендигин айтты. Бирок, бул иш чара кыйыр түрдө бул проблеманы ичине камтыйт дейт ал:

-Бул маселе коомчулуктун, жаш муундардын, Россиянын коомдук уюмдарын кызыктырат. Маселе бүгүн өзүнчө каралган жок. Бирок кеңеш ошондой терс көрүнүштөрдүн түпкү тегин аныктаганга ар дайым аракет кылат. Мисалы Советтер Союзунан кийин айрым баалуулуктар өзүнүн маанисин жоготту. Ошол себептен ушундай кейиштүү окуялар коомдо орун алды. Азыр жаштардын кызматташтыгы - ар башка улуттун ички маданиятын билүүгө, маданият аралык диалогго алып келет. Кеңеш жогорку талеранттуу жаш адамдарды тарбиялоого багытталган.

“Беларусь жаштар союзу” коомдук бирикменин 1-катчысы Юрий Криводубский жыйында эл аралык жаштар арасындагы кызматташуун стратегиясын түзүүнү сунуш кылды. Анын айтуусунда, мындай иш-чаранын алкагында узак мөөнөтүү перспективалар каралышы мүмкүн:

- Мен эл аралык парламент Ассамблеясынын моделдик мыйзамын сунуш кылаар элем. Ар бир КМШ мамлекеттери чогуу кызматташканы менен, алардын ар биринде бири бирине төп келишпеген жагдайлар көп. Аларды белгилүү деңгээлде окшотурууга аракет кылсак, кызматташуу жеңил болмок. Мисалы, Беларуссияда жаштарга байланыштуу программалар улуттук программалар менен үндөшүп турат. Ошондуктан жаштар саясаты өзгөчө салмакка ээ. Кыргызстанда албетте бул багытта жетишкендиктер бар, бирок дагы эле ишке аша элек идеялар көп. Мындай жыйналыштар, өлкөлөр аралык пикир алышуулар менимче мындан ары өзүнүн жыйынтыгын берет.

Жаштар жылы деп белгилөө тууралуу чечим былтыр КМШнын Бишкектеги саммитинде кабыл алынган. Эми иш чаранын уюштуруу планы толук такталып бүткөн соң,анын долбоору бекитилет. Ал эми учурда КМШ өлкөлөрүнүн жаштар саясаты боюнча кеңешинин мындан кийинки отурумун Казакстанда өткөрүү демилгеси көтөрүлүүдө.

.

Жаңы патриархка кыргызстандыктар да жан тартат

Орус православ чиркөөсүнө жаңы патриархтын шайланышын, ал орунга митрополит Кириллдин жеткендигин кыргызстандыктар да кызыгуу менен кабыл алышты. Негизинен муну Жараткандын эрки катары карагандар көп.

Ооба, Ыйса-куткаруучунун соборундагы орус православ чиркөөсүнүн жаңы патриархы шайланган учурдагы салтанат бүт дүйнөгө жаңырды. Собордогу коңгуроо 16 жолу кагылды. Бул – 16-патриарх шайланды деген маани! Патриархтык орунга Смоленск жана Калининград митрополити Кирилл чоң артыкчылык менен шайланганы жар салынды.

Патриархтын шайланышына кыргызстандыктар да кайдыгер караганы жок. Чолпон-Атадагы орус православ чиркөөсүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Артемий Долотов Патриархтык даража-орунга Кирилл Жараткандын гана азмейиши менен болду деп эсептейт:

- Бул шайлоо – Жараткандын гана эркинин аткарылышы десек туура болот го. Жараткан патриархты ыйык жай – собор аркылуу шайлады. Ушинтип айталы.


Орус православ чиркөөсүнүн Бишкек епархиялык башкармасынын башчысы Игорь Дроновдун пикири боюнча, митрополит Кириллдин жеңишке жетери башынан эле байкалса да, ага ишене беришке болбойт эле:

- Патриархтын шайланышы – биздин чиркөөлөр үчүн өтө улуу иш. Абдан күйүп-бышып, толкунданып күтүп аттык жыйынтыгын. Биз каалаган, жүрөк каалаган, Жараткан каалаган иш болду. Албетте, митрополит Кириллдин шайлануу мүмкүнчүлүгү мурдатан чоң болчу. Бирок, андай нерсеге ишене беришке да болбойт. Жараткан өзү колдош керек биринчи кезекте. Ал жерде биздин, Орто Азиянын митрополити Владимир да добуш берди.

Ал эми “Православный мир” гезитинин жооптуу катчысы Татьяна Васильева жеңишке жете турган кишини эмес, чыныгы патриахты күткөндүгүн айтат:

- Ушундай болот деп күткөн деле эмеспиз. Анткени, үч талапкер чыкпадыбы патриархтык тактыга жетебиз деп. Жараткандын гана буйругун күтүп жаттык. Жараткандын гана буйругу менен болду ушунун баарысы. Православ чиркөөсүнүн бардык жоболору, эрежелери сакталды деп ойлоймун.

Татьяна Васильева азыркы патриарх Кириллди мурдатан таанымал инсан катары баалайт:

- Бир нече жолу телекөрсөтүү аркылуу сүйлөгөнүн көргөмүн, бир нече жолу ал жөнүндө атайын берүүлөр болгон. Ал Жараткан жөнүндө, Жараткандын осуяттары жөнүндө, майрамдар жөнүндө, православдардын уңгу-усулу жөнүндө, рухий дүйнө жөнүндө кеп салчу. Андыктан азыркы патриарх Кириллди белгилүү инсан деп айтаар элем. Бир эле Москва патриархатынын жака-белине эмес, алыскы чет өлкөлөргө чейин белгилүү инсан болчу.

Биз андан кийин белгилүү мусулман дин ишмери, Бишкектеги ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматовдон Орус православ чиркөөсүнүн жаңы патриархын тандоо жагдайындагы пикирин сурадык. Абдышүкүр Нарматов бул тандоодон адилеттиктин үлгүсүн гана көргөндүгүн айтты.

Мамлекеттик тил өз деңгээлинде өнүкпөй жатат

Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында кыргыз тил мыйзамынын кабыл алынганына 20 жыл болот. Бирок адистер арадан ушунча жыл өтсө да кыргыз тили өз деңгээлинде өнүкпөй келе жатканын белгилеп жатышат.

Мурдагы президент Аскар Акаевдин учурунда Курманбек Бакиев өзү тилди өнүктүрүү боюнча жарлык жарыялаган. Анда 2010-жылга чейин иш кагаздарын кыргыз тилине өткөрүү маселеси көтөрүлгөн. Бирок адистер ушул убакка чейин иш кагаздарынын кыргызчаланбай келатканын белгилеп жатышат.

Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасынын орун басары Азимжан Ибраимов мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдар, күч структуралары да иш кагаздарын ыраатуулук, баскыч-баскыч менен кыргыз тилине өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Бирок ал башкы маселе борбордук бийликте болуп жатканын айтты. Ушул тапта мамлекеттик тил комиссиясы “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн аракеттерди көрүп жаткан чагы. Анда кыргыз тилинин өнүгүшүнө тоскоол болгон бардык беренелер алынып салынат.

- Орто жолдон эки тилди, билингивизмди өнүктүрүү боюнча да жардыктар чыгып ал дагы кыргыз тилин кайсы бир деңгээлде тушагандай болду. Ошол себептүү Жогорку Кеңешке мамлекеттик тил мыйзамындагы кыргыз тилин өнүгүшүнө тоскоолдук кылып аткан беренелерди жана “же” байламтаны алып салуу боюнча сунуш киргизип, ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Февраль айында өзгөртүүлөр киргизилет деп күтүп жатабыз. Биздин мыйзам “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам болушу керек. Бизде “Мамлекеттик тилдер жөнүндө” мыйзам болуп калган, - дейт А.Ибраимов.

Лейлек районунун мурдагы акими, учурда шаардык архитектурада эмгектенген Болот Токтосунов да борбордон иш кагаздары дээрлик расмий тилде келээрин тастыктады.

- Биздин өткөн чогулуш, коллегиялар кыргызча эле өтчү. Бирок биз Бишкекке маалымат бергенде негизинен орусча жазып жооп берчүбүз. Анткени. Ал жактан келген иш кагаздардын 90 пайызы орусча келчү. Кыргыздар эми ойгонгонсуп, кыргыз тилин эми көтөрөлү деп ойлонуп атышат. Азыр биздин архитектурада кыргызчадан орусчага котортуп атат. Ушул дагы болобу?! Кыргызстан боюнча чогулуштар расмий тилде өтөт. Ушунун бардыгын жөнгө салыш керек да, - дейт Б.Токтосунов.

Ош облусунун губернаторунун орун басары Гулайым Машрапова жетекчи катары жыйындарды жалаң кыргыз тилинде өтөөрүн белгилеп, учурда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жакшы аракеттер көрүлүп жатат деген оюн билдирди. Г.Машрапованын айтымында, Ош облусунда март айында “Мамлекет тил жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы туурасында республикалык семинар өткөрүлөт. Учурда ага даярдыктар көрүлүүдө.

- Мамлекеттик тил мыйзамын аткарууда бир топ аракеттер көрүлүп атат. Ал эми жетекчи катары мен бардык жыйындарды мамлекеттик тилде өткөрөм. Мамлекеттик тил мыйзамын аткарыш биздин күндөлүк турмушубузда колдонгон, жумушубузда жасаган түбөлүктүү, максаттуу ишибиз деп айтат элем.

Ал эми Азимжан Ибраимов азыркы жаш чиновниктердин эки тилде тең сабаттуу сүйлөй жана жаза албаганын сынга алды. Ал мындай көрүнүштү кыргыздын бүгүнкү оорусу деп сыпаттады.

- Биздин оорубуз ушул болуп атат. Өзгөчө жаш чиновниктер же орус тилинде так жазып иштей албайт, же кыргыз тилин сабаттуу жазып иштей алабйт. Башкача айтканда эки тилди тең чала билишет. Мына ушул оору болуп атат. Мына ушул эртеңки күндө кыргыз тилин, кыргыз улутун гибриттешкен маданиятка, улутка, тилге алып кетип атат. Башка айтканда тилдин тазалыгы, тилдин маданияты үчүн да күрөшө турган мезгил келди.

Үстүбүздөгү жылы 23-сентябрда кыргыз тил мыйзамынын кабыл алынганына 20 жыл болот. Ушуга байланыштуу “Асаба” улуттук партиясы 2009-жылды мамлекеттик тил жылы деп жарыялоону сунуш кылып президентке жана парламентке кайрылган. Өз кезегинде ушундай эле сунушту Мамлекеттик тил комиссиясы да көтөргөн.

- Көп жаңы мыйзамдын деле кереги жок, ошол мыйзамда баары так, жакшынакай мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө бүт жазылган, ошолор аткарылбай жатат. Эгер көңүл бурулбай, бул жыл мамлекеттик тил жылы болбосо, анда дагы эле баягыдай эч көңүл бурулбастан эле өтүп кетеби деген ой болуп атат. Мамлекеттик тилдин өнүкпөй жатканына бийликтеги өкмөттүк кызматкерлердин ушуга көңүл бурбай жаткандыгы эң негизги себеп. Андан тышкары буга сөзсүз түрдө эрк эле эмес, өзүбүздөн дагы көп нерсе туура эмес кылганыбыздан болуп жатат. Бардыгыбыз расмий тилде сүйлөп, ошол расмий тилге гана шарт түзүлүп калышы бизге негизги тоскоол болуп жатат го деп ойлойм,-дейт “Асабанын” лидери Советбек Жамалдинов.

Тил комиссиясынын билдиришинче “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү өкмөттүн жоопкерчилигин күчөтмөкчү. Ошондой эле мында мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө түздөн түз жоопкер, ыйгарым укуктуу орган аныкталат. Ал эми быйылкы жылдын мамлекеттик тил жылы деп жаряланышы тууралуу сунуш ушул тапта президенттин кароосунда. Президент мындай жардыкка кол койгон соң ага карата иш-чаралар өткөрүлмөкчү.

Т. Орозалиев: Оппозиция жумурткадан кыр издеп жатат

“Ак жол” партиясынын парламенттеги өкүлү, депутат Табылды Орозалиев “Азаттыкта” президент К. Бакиевдин соңку кайрылуусунда козголгон маселелер жөнүндө ой-пикир бөлүшүп, оппозиция бийликти негизсиз сынга алууда деп билдирди.

-Шейшемби күнү улуттук теле канал аркылуу жасаган президенттин кайрылуусу тууралуу түрдүү пикирлер айтылып жатат, сиз кандай пикирде калдаңыз?

-Менин пикирим президенттин кайрылуусу боюнча абдан эле жакшы. Анткени бир топ орчундуу маселе көтөрүлдү. Бирок ошо маселелердин ичинен мен бир маселеге өтө көңүл бурат элем да. Бул улуттук кызыкчылык боюнча. Мурун улуттук кызыкчылык деген сөздү айтуудан дагы тартынгансып келгенбиз да, Советтер Союзунун синдрому калып калган да бизде. Эгер улуттук кызыкчылык айтсак деп, кыргыз улутунун эле мындай кызыкчылыгы жөнүндө кеп болуп калабы, бөлөк улуттарды мындай эске албай коёбузбу, биз улутчул болуп калабызбы деген түшүнүк менен келгенбиз да.

Бирок бул жерден айтып кетиш керек, улуттук кызыкчылык дегенде мамлекеттин кызыкчылыгы менен байланыштырыш керек да. Бул жерде кеп жеке эле кыргыздын улутунун кызыкчылыгы жөнүндө эмес, бүт ошол кыргызстандыктардын кызыкчылыгы болуп жатат. Ошон үчүн мен муну абдан колдойт элем.

Анан бул жерде президент алты пункт менен белгилеп кетиптир кызыкчылыкты, мен ойлойм булардын баары туура деп. Себеби Кыргызстанда, ачык эле айтып коюш керек бир гана улут бар кыргыз деген, калгандары кыргызстандыктар, ар кандай улуттун өкүлдөрү. Ошондой эле кырдаал Казакстанда. Казакстанда казак улуту бар, калгандары, жашап аткандар ар кандай улуттардын өкүлдөрү. Ошондой эле кырдаал Өзбекстанда бар, муну туура түшүнүш керек да.

-Табылды мырза мына сиз жаңы эле айтып өткөндөй ушул президенттин кайрылуусунда белгиленген алты маселе башында мамлекеттин бүтүндүгү деген маселе турат. Ушул пунктка оппозициялык маанайдагы саясатчылардын пикирлери каршы болуп чыгып атат да. Мисалы, Бириккен Элдик Кыймылынын кайрылуусунда айтылып атат, президент өзүнүн кайрылуусунда мамлекеттин бүтүндүгү деп коюп, бирок “Ак жол” партиясынын колу менен Каркыраны Казакстанга берип жиберди деп. Ошол “Ак жол” партиясынын парламенттеги өкүлү катары сиз буга кандай жооп айта аласыз?

-Мен бул жерден абдан көп эле түшүндүрмө бердим элем, теледен дагы, газеталардан дагы. Мен ошолорго таптакыр кошула албайм, Ошол эле оппозициядан депутаттар, баардыгы болуп жыйырма депутат барганбыз Каркырага. Коммунистерден барган өкүлдөр, “акжолчулар” барган ошол жерге. Санташ айыл округу деп коет, ошол жерде Санташ айыл өкмөтүндө элди чогултканбыз. Анан ошол жерден эл менен кеңешкенбиз кандай болгон, эмне болгон деп.

Эми чек араны тактаарда эки тарап тең кабыл алган бир документ болуш керек экен. Эки тарап кабыл алган, илгери ЦИК деп койчу, (Центральный Исполнительный Комитет) Калининдин колу коюлган 1930-жылкы гана документ бар экен да. Бизге кеткен территория 1630 гектар юридикалык жагынан алганда казактардыкы экен, аны кыргыздар деле билчү экен ошол жердеги. Бирок кыргыздар жайлашып, жайгашып ошол жерге малын багып, чөбүн чаап жүрчү экен да. Каркыранын аркы башы, ал жерде болгону 600 гектар, кыргыздардыкы экенин казактар да билчү экен, кыргыздар деле билчү экен. Бирок ал жерде казактар жайгашып жүргөн да. Анан ошол себеп менен алмашуу болгон, ачыгын айтканда.

-Демек Каркыранын Казакстанга берилишинде эч кандай бир саясий катачылык жок демекчисиз да?

- Эч кандай саясий катачылык жок. Эгер жанакы юридикалык чек ара менен эле калтырып коёлук деп казактар катуу маселени койгондо, анда чек ара, берки Санташ ашуусу деп коёт, Санташ өткөөл жери ошого чейин, бери жакка чейин кирип келмек. Аны оппозиция беш колдой эле түшүнүп турат, карта колдорунда бар, бирок бөйрөктөн шыйрак чыгарыш керек да. Же болбосо жумурткадан кыр чыгарыш керек да. Маселе ушундай.

Жазды утурлай кайрадан “кетсин!” талабы күчөдү

Оппозициядагы күчтөрдүн улам бири ачык билдирүү таратышып, бийликтин куугунтугун сындашууда. Ушундай билдирүү менен “Ак шумкар” партиясы да чыкты.

Ал эми Бириккен элдик кыймыл президентке ачык кат жолдоп, аны мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетишин талап кылды. БЭКтин курамына кирген Коомдук парламент менен “Акыйкат үчүн” кыймылы да ушул сыяктуу билдирүү менен чыккан. Мындай билдирүү, ачык каттардын саны айрыкча президенттин 27-январдагы калкка кайрылуусунан кийин күчөдү.

Бириккен элдик кыймыл президентке жолдонгон ачык катында, аны 27-январдагы калкка кайрылуусунда айткандарына карама-каршы келген иштерди жасап жаткандыгы үчүн айыптайт. Маселен, президент “улуттун кызыкчылыгы - өлкөнүн аймактык бүтүндүгү” деп айтканын, бирок Каркыраны казак кошуналарга кармата бергенин, “күчтүү жана билимдүү улут” деп айтканын, бирок мектептер жылыбай, жарык жоктугунан улам окуучулар үйлөрүнө таркатылганын мисал келтиришип, бир катар кемчиликтерди айтып келип аны кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетишин талап кылышат.

Ушундай маанайдагы БЭКтин ачык катына катарлаш, бул кыймылга кирген партиялар да өз-өзүнчө билдирүүлөрдү таркатышып, алардын мүчөлөрүнө кысым болуп, куугунтуктоо абдан катуу жүрүп жатканын айтышат. Революциялык кыймылдын жетекчилеринин бири Топчубек Тургуналиевдин айтымында, кыргыз эли куугунтуктоолорго 19-кылымдан бери эле кабылып келатат. “Ал кездери кыргызды бөтөн эл куугунтуктап, эзип келсе, акыркы жылдары өзүбүздүн эле азаматтар эзип келатышат” дейт ал:

- Кыргыз улуту жыйырманчы кылымда беш жолу кыргынга учурады. 1916-жылы бир кыргынга учурады. Андан кийин 1920-1930-жылдары “басмачылар” деген шылтоо менен кыргыздын мыктылары кырылды. А бирок чыныгы басмачылар өзү Москвадан жиберилген Фрунзелер болгон, биздин ата-бабаларыбыз ата-мекенин коргогон. Кийинчерээк “кулак” деп 10 миңдеген үй-бүлөлөрдү барса-келбес жактарга айдады. Украинага, Сибирге айдашты. 1937-жылдары улутчулсуңар, эл душманысыңар деген шылтоо менен кыргыздын эң мыктыларын, чыгаандарын жөн эле четинен кырышты. Булар да абдан чоң куугунтук. Ал эми 1950-жылдардан кийин орусташуу кыргыны кыргыздын башына келди. Эң жаманы, опурталдуусу ушул болду. Билинбегени менен кыргыздын жан дүйнөсүн, тилин-дилин бурууга, орусташтырууга багытталган саясий куугунтук болду. Баш көтөргөндөрдү талкалашты. Ал эми 1990-жылдардан кийин эгемендик алдык деген менен Аскар Акаевдин куугунтугуна кабылды кыргыз эле. А.Акаевдин учурунда мындай көрүнүштөр азыраак болсо, азыр Курманбек Бакиевдин тушунда бул абдан күчөдү. Азыр куугунтук, элди эзүү деген жылдап эмес, айлап, күндөп күчөп атат.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдрасаковдун пикиринде, оппозиция айтып келаткан кыйынчылыктар кыргыз элине гана жалгыз келип жаткан жок. “Буга эгемендиктин алгачкы жылдары СССРдин кулашы себеп болсо, азыр дүйнөлүк каржы кризиси себеп болууда дейт” ал:

- Өлкөбүз бүгүн эле кыйынчылыктарга кабылып калган жок. Мына, союздун таркашы менен эле 18 жылдан бери чоң кыйынчылыктар болбодубу. Азыр болсо дүйнөлүк экономикалык кризис болуп жатат. Биздин өлкө ичиндеги энергетикалык кризис да кошул ташыл болду.

Андан тышкары Бейшенбек Абдрасаковдун айтымында, президенттин калкка кайрылуусу оппозиция айткандай эмес, алда-канча жакшы жана маанилүү болду. “Кайрылуудагы кыргыздын кимдиги, идеологиясы тууралуу сөздөргө көңүл буруу абзел” дейт ал.

Ал эми саясат талдоочу Токтогул Какчекеевдин айтымында, бийликтин каталары жөнүндө айтылган сөздөрдүн көбү туура болгону менен оппозиция өзү деле жаңылана албай, элдин ишенимине кире албай жатат:

- Саясий күрөш оор, опурталдуу, каат жана коркунучтуу болот. Бийликке келген адамдар эгерде “бийлик кудайдан колго тийди, атамдын мурасындай эле нерсе” деген ойдо калса, анда бийлик басмырлап-кыйнамак түгүл, атып салганга чейин барышат. Бул дүйнөлүк практикада деле бар. СССРде деле маалында ушундай болгон. Азыркы бийликтин иш-аракеттерин көрүп атабыз. Ошолорду көрүп тургандан кийин бир нерсе деп айтпай деле койсок болот. Азырынча бийлик күчүндө турат. Оппозиция бийликке барабыз деп атышат. Президентти кетсин деп атышат. Бирок сөз менен иш айкалышпай жатпайбы.

Э. Каптагаев: Анттан кечкен бийликтин келечеги жок

БЭК президентке ачык кат жолдоп, К.Бакиевдин мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүсүн талап кылган. Ачык кат тууралуу аталган кыймылдын Улуттук кеңешинин мүчөсү, “Улуу биримдик” саясий партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

-Эмилбек мырза, БЭКтин президентке жолдогон ачык катында мамлекет башчынын шейшемби күнү элге жасаган кайрылуусунун айрым учурлары белгиленип, ошондой эле катта Курманбек Бакиевдин дарегине бир катар суроолор берилиптир. Өз кайрылуусунда кандай гана саясий күч болбосун, алардын сөзүн угуп, иштешүүгө даяр экендигин билдирген президент сиздердин катка жооп кылат, деген ишеним барбы?

-Андай ишеним жок. Анткени азыркы бийлик элдин пикирин, элдин сөзүн, ошол элдин атынан айтылып жаткан талаптарды көрмөксөн, билмексен болуп келе жатпайбы. Муну элдин баары эле көрүп турат. Мына акыркы өзүнүн кайрылуусу деле ошонун үлгүсү болду.

-Сиздердин ачык катта президенттин кайрылуусу анын өзүнүн бийлигин сактап калууга, демократиянын жоболорунан ачык баш тартууга, өлкөдө авторитардык режимди бекемдөөгө багытталган, деп жазылып турат. Ошол эле каттын аягында сиздер мамлекет башчыны Башмыйзамдын 50-беренеси боюнча мөөнөтүнөн мурун кызматынан кетүүсүн талап кылгансыздар. Бул талабыңыздар ишке ашарына сиз өзүңүз ишенесизби?

-Азыр эл жалпы кыжырланып, ар бир үйдө бийликке наалат айтылып турат. Мына ошол үн катуураак чыгып, “жүздү көрсө көз тайды” болуп, “дүжүрлүк” кылып барган кишилерге, аким, губернаторлорго кошоматчылык кылбастан, өздөрүнүн түпкү оюн, таламын так айтса, менимче бийликти кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетирүүчү шарт, кырдаал бат эле түзүлүп калат. Мына айылдарды, алыскы жерлерди аралап келип атабыз, бийликке ыраазы болуп, бийликти кубаттаган бир да кишини көргөн жокмун мен.

-Эмилбек мырза, азыр сизге суроо берерден мурун тарыхый бир учурга кайрылып көрөлү. Мамлекет башчы 2005-жылы 24-мартта Алатоо аянтындагы кылкылдаган элдин алдында туруп, мындай ант берген:

- Мен кудай алдында силерге ант берем. Биринчиден, элге ак кызмат кылам. Экинчиден, коррупцияга жана башаламандыкка каршы күрөшөм. Өлкөнүн түштүк менен түндүккө бөлүнүшүнө жол бербегенге кудай алдында убада берем. Биз деген алакандай элбиз, (караңыз http://www.azattyk.org/content/Article/1236491.html) ант берген президент Курманбек Бакиевдин бул сөздү айтканынан бери 4 жыл өтүп баратат. Убакыт кайсы жагына көрсөттү, дээр элеңиз?
-деп
-Акыркы мезгилдеги жалпы эле бийликти ант ургурлардын бийлиги деп койсо болот. Анткени март ыңкылабындагы элдин үмүтү, тилеги, элдин келечекке, жакшылыкка болгон умтулуусу, элдин келечекти карай ишеничи уурдалды. Ошонун баарын уурдап, бир үй-бүлөнүн бийлигин орнотуп алуусу – мындан төрт жыл мурун эл алдында берилген ант, андан кийин президент өзү элдин алдында ондогон жолу чыгып сүйлөгөн сөздүн баарынын тепсендиде калып жатышынын өзү – биздин кайрылууга негиз болуп отурат.

Мындай ант ургурлук саясаттын келечеги жок. Ошону сезеби-сезбейби белгисиз. Азыр элдин алдында айтып коюу биздин милдет: бул бийлик мындан аркы жашоосуна эч кандай негиз да, мыйзам ченемдүү шарты да жок. Ошондуктан, президент Бакиевдин мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетиши – кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн зарыл нерсе.

-Сын-пикирлерден оппозиция да куру эмес. Айрым саясатчылар оппозиция өзүн элге жеткире албай жатат. Элге өздөрүнүн келечектеги иш-аракеттерин жакшылап түшүндүрүп, жеткире албай атышат, оппозициянын да көздөгөнү бийликке келүү, деп эсептешет. Мындай пикирлерге берер жообуңуз кандай болмокчу?

-Айрым саясат таанымыш болуп жүргөндөр Бишкекте жылуу жерде отуруп алып, ар кайсыны айта берсе боло берет. Мына ошол элге сиңе албай атат, деген саясатчылар өздөрү элге барып, алардын сөзүн угуп көрсүнчү. Элге сиңүү деген сөз –ошол элдин оюн, элдин мүдөөсүн, тилегин айтуу деген сөз. Бүгүнкү күндө Бириккен элдик кыймылдын айтып жаткан сөздөрү, коюп жаткан талаптарынын баары –бүт эл айтып жаткан талап, эл айтып жаткан сөз. Ошол үчүн жанагыдай бааларга мен кошула албайм. Мындай пикирлерди кооз сөз үчүн жөн гана айтылып калган нерсе катары гана баалайм.

-Эмилбек мырза, сизге чоң рахмат!

Кен байлыктар мыйзамынын сарсанаасы

Кен байлыктар жөнүндөгү мыйзам долбоору жакын арада парламент кароосуна коюлганы турат. 3-февралда мына ушул мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусунан өтмөкчү.

Парламенттин отун-энергетикалык комплекс жана жер байлыгын пайдалануу боюнча комитеттин мүчөсү депутат Роза Отунбаева кабарчыбыз Бекташ Шамшиевдин суроолоруна жооп берет.

- Роза айым, талашка түшүп жаткан мыйзам долбоорун кабыл алыштын кандай зарылдыгы чыгып калды?

Роза Отунбаева: - Ушу тапта Кыргызстандын кен байлыктары жөнүндө мыйзам долбоору даярдалып жатат. Анын демилгечиси Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги. Долбоордун 15 чакты варианты жазылды окшойт. Эми бирине токтолушуп, парламентке алып келишти. Ошону коомчулукта талкуулаганы жатабыз. Көп суроолор чыгууда. Өзгөчө мына ушул кен байлыктардын укуктук маселелери боюнча. Азыркы Конституцияда кен байлыктар жеке менчикке өтүп кетиши мүмкүндүгүн ырастаган жобо бар. Биздин эки чоң сотубуздун жетекчилери өткөндө кен байлыктар жеке менчикке өтүшү мүмкүндүгүн, керек болсо Ысык-Көлдү деле сатып алууга болордугун ырастап беришпедиби. Бул кыргыз элинин кызыкчылыгын козгогон мыйзам. Мына биз билебиз 1,5 миң лицензия берилиптир кен байлыктар боюнча. Ар кайсы жерде эле казып атышат. Эл арасы ызы-чуу болуп, каршы чыгышууда. Аны биз Таласта болгондо көрдүк. Эл кендин казылышына каршы чыгып, азыртан таланып-тонолгуча урпактарыбызга калсын деп жатат.

- Таластагы элдин жаңы мыйзам кабыл алгандан кийин алтын кендерге каршы чыгышы күчөшү мүмкүнбү?

Роза Отунбаева: - Жаңы мыйзам, эски мыйзам сөзсүз эле кен байлыктарды жеке менчикке өткөрүү үчүн жазылган деп айткан жокмун. Бирок ушундай орчундуу маселелерди талкуулап алсакпы деп жатабыз. Бу мыйзам жыл сайын эле өзгөрө бербейт. Ал 10 жылбы, 15 жыл иштейби, биз туура мыйзам жазышыбыз керек. Кыргызстандын укукчулары, геологдор, адистер, коомчулук муну жакшылап карап чыгышы зарыл. Ошон үчүн биз “тегерек стол” уюштуруп жатабыз. Бул мыйзам комитеттен өтүп, андан палатага чыгат. Тартиби ушундай. Аны антип комитетке киргизбей, “Акжолдун” 71 депутатынын колу менен палатадан эле сүйрөп алып кетүүнүн аракети болуп жатат. Биздин 3-февралда боло турган “тегерек столго” кызыккандарды, өзгөчө адистерди чакырат элем. Кайдыгер эмес адамдар буга катышса дейт элем.

- Комитетти күтпөй эле мыйзамды палатага алып чыгышы мүмкүнбү?

Роза Отунбаева: - Андай болбош керек. Элдин тиешеси бар мындай орчундуу мыйзамды коомчулук он өлчөп бир кесип, анан чыгарышы туура болот.

- Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасында мындай маселе кандай чечилет?

Роза Отунбаева: - Бизде эларалык укукту жакшы билген адистер бар. Негизи дүйнөдө кен байлыктар мамлекет колунда болот. Кен байлыктар элге таандык.

- Түзүлгөн жагдайды өзгөртүүнүн жолу барбы, же эл кызыкчылыгы унутта калып пайдалуу кендер жеке колго өтүп кетиши мүмүкнбү?

Роза Отунбаева: - Элге талкуулатпай, өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлоп мыйзамдарды кабыл алдыра берсе ошондой эле боло берет. Муну эл билсин. Биздин өмүр жашыбыз 60 – 70 жыл экен. Бизден кийин да Кыргызстанда эл жашайт.

- Мындай аракеттин артында кандай саясий максат-мүдөө болушу мүмкүн?

Роза Отунбаева:
- Өзүнүн чөнтөгү, капчыгы, байыйын деген адамдар ошентип жасашат. Жеке кызыкчылыгы оркоюп көрүнүп турат. Мен ошондой деп ойлойм. Андай болбосо баарын мыйзам чегинде жасашы керек.

- Роза айым, ишиңизди ийгилик жылоолой жүрсүн!

Москва Бишкектин карызын кечүүгө макул

Орусия Кыргызстандын 180 млн доллар карызын кечүүгө даяр. Карыздын ордуна алар “Дастан” ишканасынын 48% акциясын алууну көздөөдө.

28-январда президент Курманбек Бакиев менен Орусия өкмөт башчысынын орун басары Игорь Сечин, Энергетика министри Сергей Шматко жолугушуп, анда Орусия Кыргызстандын 180 млн. доллар карызын кечүүгө даяр экендиги маалымдалган. Орусия бул карыздын ордуна “Дастан” ишканасынын 48% акциясын алуу максатын билдирген.

Жогорку Кеңештин сессиясында СДПК фракциясынын депутаты Бакыт Бешимов кыргыз өкмөтүн карызды кечүү боюнча Орусия менен кылдат сүйлөшүүгө чакырды. Анын ою боюнча, Орусия "Дастандын" 48 пайыз акциясы жок эле карызды кечсе болмок. Буга ал Орусия өкмөт башчысы Владимир Путиндин Давос жыйынында экономикасы жарды өлкөлөрдүн карызын кечүү демилгесин көтөргөндүгү менен байланыштырды:

-Мисалы, Россия Ливиянын 3 миллиард доллар карызын кечирди.Эгер Владимир Путин Швейцарияда ошондой маселени коюп жатса, эмне үчүн биз бул карызды ушунчалык оор жүк катары карап жүрөбүз. Россия менен кылдат сүйлөшүп ушул маселени чечсе болот эле.

Ал эми Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын депутаты Бейшенбек Абдрасаков ар бир тарап өзүнүн кызыкчылыгын ойлоорун белгилеп, Орусиянын Кыргызстанда кызыкчылыгы бар үчүн өздөрүнө пайдалуу ушундай жолду сунуштап жаткандыгын айтат:

-Бардык нерсенин эсеп-чоту болот. Алар карызды жөн эле кече бербейт да. Эгер алар бизден газ-нефть алса, анда эчак эле карызды жоюп жиберишмек. Орустарга курал жарак чыгарганга ошол “Дастан” керек болуп жатат. Ошондуктан алар бизди сөзгө тартып, ушундай сунуш айтсак макул болот деп жатышат.

Орусия ошол “Дастан” ишканасынын 48 пайыз акциясы менен эле 180 миллион доллар карызды кечип кое турган болсо, бул жакшы көрүнүш экендигин белгилейт “Ак шумкар ” партиясынын лидери Темир Сариев. Анткени 48 пайыз акцияны Кыргызстан өзү базарда рынок баасына койсо, 180 миллион долларга сата алмак эмес. Азыр бул жерде башка шарттар барбы, жокпу ошол маселе суроо дейт ал:

-Россиялыктар көптөн бери “Дастанга” кызыгын артып келишкен. Бирок мен башка кандай шарттары бар экенин билбейм. Эгер дагы бир шарттар коюлса ал Кыргызстан үчүн оор болуп калат.

Экономист Жумакадыр Акенеев бүгүнкү күндө “Дастандын” 48 пайыз акциясынан өкмөт эч кандай пайда көрбөй келе жатканын белгилеп, Орусия тарап менен мындай кадамга баруу - эң негизгиси “Дастан” ишканасынын толук кандуу иштеп калышына шарт түзөөрүн айтат:

-Дастанды Россиясыз иштете албайбыз. Керектүү жабдуулардын баары Россиядан келет. Эгер ал иштеп кетсе биздин экономикага абдан чоң пайда. Анткени анда жок дегенде 20 миң киши жумуш орундары менен камсыз болуп калат

Мындан тышкары жолугушуу учурунда тараптар Камбар-Ата ГЭСин куруу үчүн 1 миллиард 700 миллион доллар насыя жөнүндө сүйлөшүп, аны өкмөттүн кепилдиги менен албай, курулушка тең үлүш менен катышуу мүмкүнчүлүгү талкууланган.

Депутат Бейшенбек Абдрасаковдун айтымында, Камбар-Ата ГЭСин куруу Кыргызстандын жалгыз колунан келбейт. Ал курулушка тең үлүш менен катышуу жолу менен чогуу иштөө өзүнүн жыйынтыгын берерин белгилейт:

-Россиянын акчасына салдырып, эки тарап 50 пайыздык үлүш менен чогуу иштешсек болот. Минтип Россияны пайдаланып, Камбар-Ата-2 ГЭСин да курдуруп алсак болот.

Ошол эле учурда Темир Сариев бул жерде да өкмөт кылдат мамиле кылуусу керектигин эскертет. Анткени келишим Камбар-Ата ГЭСин курууга гана байланыштуу түзүлүшү керек. Аны менен катар башка дагы шарттар кошулуп кетпөөсү зарыл:

-Суу - биздин байлыгыбыз, келечегибиз. Кийин убакыт өткөндон кийин кошумча консорциум түзүлөт, Токтогул ГЭСине катышабыз деген өндүү шарттар калкып чыкса, анда биз өзүбүздүн бутубузду тушап койгондой болобуз. Бүгүн өкмөт алсыз болуп бардыгынан коркуп турат. Бул сүйлөшүүлөрдү жургүзүү абдан опурталдуу.

Президенттин маалымат- кызматынын билдирүүсүндө, жолугушууда дагы бир маселе – Орусиядан Кыргызстанга 150 миллион доллар өлчөмүндө грант жана 300 миллион доллар женилдетилген насыя алуу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун шарттары талкууланган. 300 миллион доллар каражаты 40 жылга 0,75 жылдык үстөк пайыз менен берилиши каралууда.

Эркин аймак: иштесеңер иштегиле, иштебесеңер жөн эле койгула!

Кечээ парламент эркин экономикалык аймактар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизди. Жаңыланган мыйзам талкуусунда Эркин экономикалык аймактардын кереги барбы-жокпу суроосу чоң талашты жаратты.

Кыргызстанда “Бишкек”, “Нарын”, “Каракол”, “Маймак” эркин экономикалык аймактары иштейт. Экономика жана соода министри Акылбек Жапаров депутаттар алдында өкмөт эркин экономикалык аймактардын концепциясын иштеп чыкканын маалымдап, мыйзамга киргизилип жаткан өзгөрүүлөрдүн маани-жайын момундай чечмеледи.

- Бүгүнкү мыйзам болсо ушуларды конркеттештирүү боюнча. Иштесеңер иштегиле, иштебесеңер жөн эле койгула, деген мыйзамга тактоолордун баарын киргизип жатабыз.

А.Жапаров өткөн жылы Кыргызстанга 586 миллион доллар инвестиция келгенин, анын 30 миллиону “Бишкек” эркин экономикалык аймагына тартылганын кошумчалады.

“Нарын” эркин экономикалык аймактын мурдагы жетекчиси парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын мүчөсү Нарынбек Молдобаев 10 жылдан бери эле эркин экономикалык аймактарды жоюу жөнүндө кеп болуп келатканын айтты.

- Же элдер жакшылыктуу иштей албай жатышат, же инвестиция келбейт. Келбегенинин себеби эки күндүн биринде эле “жоебуз”, “жабабыз”. Азыр деле ошонун укуктарын биртоп басмырлап жатабыз. Мисалы үчүн, жаңы Салык кодексиндеги 58-берене боюнча Эркин экономикалык аймактын эч нерсеси калбай калды.

Н.Молдобаев өкмөт эркин экономикалык аймактарды жоюуга кызыкдар болсо ал жерге ири инвестиция алып келгендер тарткан чыгымдарын төлөп берүүгө кудурети жетеби, сурооосун койду.

Өкмөт эркин экономикалык аймактарды көтөрүүгө көңүлсүнбөй жатышына парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү депутат Осмонбек Артыкбаев да кызыкты.

- Жеңилдиктерди берип, мүмкүнчүлүктөрдү түзсөк, ошондо жалпы экономикабыздын өнүгүшүнө шарт түзүлөт эле.

Жаңы Салык кодекси боюнча кыймылсыз мүлк салыгы киргизилгенден кийин эркин экономикалык аймактарда иштегендердин биртобу капиталын башка жактарга алып чыгуу камына киришкени маалымдалууда. Андай кабарды укканын “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын мурдагы жетекчиси Эмил Ибраимов да бышыктады.

- Технологиянын өзүн актаган мезгили болот. Ошондой мезгили 10 жыл, 15 жылы болушу мүмкүн. Ага жеткирбей эле тигинтип салсак. Көбү кредит алып салышкан. Бул туура эмес болуп жатат. Инвестициянын келишин жеңилдетишке шарт түзүп жатып, аны оорлотуп койсо, ким анан инвестициясын алып келет?

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын жетекчи орунбасары Бахтияр Салиев мурда салык, бажы төлөмдөр боюнча жеңилдиктерге ээ болуп келген ишкерлердин айрымдары капиталын башка жакка алып кетүү ниетинде жүрүшкөнүн маалымдады.

- Кээ бир субъекттер, алар биздин субъекттердин жарымын түзөт, иштесекпи-иштебесекпи, кетип калсакпы, деген маанайда жүрүшөт. Ал эми азыр “кеттик”, “көчүп кеттик” дегендер жок.

Бахтияр Салиев жүк койчу жайын, имаратын сата тургандардын жарыялары чыгып жатканын, бирок андай көрүнүш базар мамилеси шартындагы көнүмүштөрдүн бири экенин белгиледи.

Өткөн жылы “Бишкек” эркин экономикалык аймагынан бюджетке 545 миллион сом салык, башка төлөмдөрдөн түшкөн. Башка эркин экономикалык аймактар андай көрсөткүчтөргө жетише элек. Аларга ээлеп отурган аймагын тосмолоп чыгуусу деле оорчулукка түшөрү парламенттик талкууда арбын айтылды.

Акыйкатчы И.Кочкаровдун өлүмү кайталанбашын каалайт

Акыйкатчы Т.Акун түрмөдө киши колдуу болуп көз жумган И.Кочкаровдун өлүмүнүн себебин иликтеген комиссиянын жыйынтыгын жарыя кылып, айыпкердин тагдырына кайдыгер мамилени жоюу чараларын мамлекет башчыга, Жогорку Кеңешке жана сот жетекчилерине сунуштаарын кабарлады.

Кыргызстандагы карачайлардын Ассоциациясынын 12-январда Бишкек шаардык соту тарабынан бирөөнүн менчигин күч менен тартып алган деген кине менен 9 жылдык түрмөгө кесилген президенти Исмаил Кочкаров 17-январдын түнүндө № 8 түрмөдө киши колдуу болуп каза болгон. Карачайлар Ассоциациясынын, Кочкаровдун туугандарынын жана Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Александра Буратаеванын өтүнүчү менен Акыйкатчы окуяны иликтөө боюнча атайын комиссия түзүп, ал Адилет министрлигинин жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын кызматкерлери жана Бишкек шаардык сотунун төрагасы Марат Султанов бир катар одоно мыйзам бузууларга жол берген деген жыйынтыкка келген.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун билдирүүсү боюнча, жаза өтөө мекемелер башкармалыгы шаардык соттун өкүмү күчүнө кире электе өкүмдү албай туруп, айыпкерди түрмөгө жайгаштыруу боюнча мүчөлөрүнүн саны жетпеген комиссиянын жыйынын өткөрүп Кочкаровду мөөнөтүнөн мурда № 8 түрмөгө жөнөткөн. Ал эми Кочкаровду түрмөгө жиберүүгө жабыр тарткан бир тууган ишкер Мамытовдорго шаардык соттун төрагасынын өкүмдүн жыйынтыктоочу бөлүгүнүн көчүрмөсүн таанышуу үчүн берип койгону жана жаза өтөө мекемелер башкармасынын комиссиясы аны негиз кылганы башкы себеп болгон.

Мына ушундай шалаакы жоопкерсиздиктен улам адам өмүрү бөөдө жерден кыйылды деген Акыйкатчы мындай окуяларды токтотуу үчүн Кыргызстандын президент баш болгон бардык бийлик бутак жетекчилерине кат жолдоп, сот жана жаза өтөө мекемелер тармагында мыйзамдуулук менен адам укугун сактоого чакырарын билдирди:

-Исмаил Кочкаровдун тагдырын Кыргызстандын түрмөдө олтурган жарандары кайра кайталабасын. Пенитенциардык системаны толугу бойдон оңдош керек. Ушул системаны оңдоо үчүн бул окуяны президентке, Жогорку Сотко, сот адилеттиги боюнча Улуттук кеңешке, Жогорку Кеңешке жана аткаруу бийлигине билдирүү жазам.

Турсунбек Акун мындан тышкары өкүм чыккандан кийин Кочкаровдун аялынын өтүнүчү менен Исмаил Кочкаров менен жолуккандыгын билдирди. Анын айтымында, Кочкаров эгер №8 түрмөгө түшө турган болсо коркунучтуу болот деген эскертүү алгандыгын билдирген. Акыйкатчы ал маалыматтын негизинде Адилет министри Жаныш Турсункулов, анын орун басары Сергей Зубов жана жаза өтөө мекемелер башкармасынын башчысы Мейликозу Маматалиев жана башка кызматкерлерге бир нече жолу эскерткен. Бирок ал маалымат эске алынбай Кочкаровдун кайра ошол түрмөгө эмне үчүн жиберилгенине таң калганын Турсунбек Акун жашырган жок.

Ал эми көз карандысыз укук тобунун адвокаты Нурбек Токтакунов Адилет министрлигинин жаза өтөө мекемелер башкармалыгы бул окуяны кылмыш топторунун ортосундагы кармаш гана катары көрсөткүсү келип жатат, бирок Кочкаровду өлтүрүүгө буйрук берген адамдардын күчү соттон баштап, бардык тартип коргоо органдарына жеткендигин көрсөттү деген ойдо:

-Катардагы кылмышкерлердин сотко алы жетпейт. Бул жерде болсо сот көчүрмө деп берген кагаздын негизинде Кочкаровду мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз түрмөгө жиберип отурушат. Демек буйрук бергендердин күчү сот, аткаруу бийлигине толук жеткен. Азыр эмне үчүн атайын прокуратура бул окуяны иликтей албай жатат? Буга да алардын басымы күчтүү. Эми бир-эки күндөн кийин күнөөнү ким мойнуна алып, кимиси иштен кетээрин өз ара чечишет да, анан баары коендой окшош көрсөтмө бере башташат.

Атайын прокуратурадан Акыйкатчынын комиссиясы иликтеп чыккан мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин ачып, ага жол берген адамдарга чара көрөбү деген суроого жооп ала алган жокпуз.

Ал эми жаза өтөө мекемелер башкармасынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сергей Сидоров:

-Ооба, кемчиликтер болгон. Бул окуяда оперативдүү иштер жеткиликтүү жүргүзүлгөн эмес. Бирок бүтүндөй системаны толук каралаган жарабайт,-деп, бул окуянын айланасында чуулган атайылап күчөтүлүп жаткандай деп кабатырланды.

Ал эми өлкөдөгү укук коргоочулар Исмаил Кочкаровдун өлүмү айыпкер деп таанылган адамдардын укугун түрмөлөрдө коргоону талап кылуу зарылдыгы бышып жетилгендигин далилдеди деп, жаза өтөө мекемесиндеги адамдын өмүрүн сактоого кепил боло албаган өкмөткө каршы доо арыз берүү демилгесин көтөрө башташты.

Ал тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова мындай дейт:

-Тирүү адамды кармап барышып, мамлекеттик имараттын ичинде каза болуп жатат, же болбосо ден соолугуна зыян тарткан убакта ошол адам өзү тарткан зыяндын, жапасын өндүрүп алууга негиздер бар. Андай жоболор мыйзамдарда жазылган. Бирок алар аткарылган жери жок. Азырынча эч ким тарткан чыгымы, жапасын кайтарып алыш үчүн мамлекетке каршы доо арыз бербей жатат. Андан тышкары Кыргызстан өткөн жылы ратификациялаган “Кыйноолорго каршы факультативдик протокол” жол берет. Бирок аны ишке ашырууга негиз берчү мыйзам кабыл алына элек. Ошондой мыйзам кабыл алынса түрмөлөр ачык болуп, жарандык коом, маалымат каражат өкүлдөрүнүн эркин кирип, көз салуусу үчүн ачык болуш керек.

Ал эми Акыйкатчы Турсунбек Акун айыпкерлердин укугун коргоо жана алардын өмүрүнө кепилдиктерди түзүүгө жана жаза өтөө тармагын жакшыртууга негиз берчү комплекстүү чаралардын долбоорун иштеп чыгып, өкмөткө сунуштаарын билдирди.

БЭК президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылууда

БЭКтин Улуттук кеңеши президент К.Бакиевге кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетүүсүн талап кылган ачык кат жолдоду. Президенттин басма сөз кызматы оппозициянын дооматын негизсиз деп четке какты.

Конституциянын 50-беренесинин 1,2-бөлүгүнүн негизинде мөөнөтүңүздөн мурда кызматтан кетүүңүздү талап кылабыз, деп айтылат Бириккен элдик кыймылдын Улуттук кеңеши президент Курманбек Бакиевге жолдогон ачык катта.

БЭКтин активдүү мүчөсү, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков президент Курманбек Бакиевдин элдин ишенимин актабагындыгынан, мамлекетти туңгуюкка кириптер кылгандыгынан улам Улуттук кеңеш ушундай чечимге келгенин айтат:

- Президент өзүнүн милдетин, элге берген антын,адамдардын укуктарын сактай албай калгандыгы, элди сызга отургузуп, экономиканы талкалагандыгы үчүн ушундай болуп жатпайбы.

БЭКтин Улуттук кеңеши президентке жолдогон ачык катта Курманбек Бакиевдин 27-январда жалпы улутка карата теле кайрылуусу кескин сынга алынган. Президенттин элге жасаган кайрылуусу үй-бүлөлүк, кримналдык, кландык бийликти сактап калууга, демократиялык принциптерден ачыктан ачык баш тартууга, баш мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүн одоно бузуу менен өлкөдө авторитардык режимди бекемдөөгө багытталган, деп айтылат ачык катта.

Ошондой эле ачык катта өлкө башчысын экономиканын өзөгүн түзгөн энерготармакты, кен байлыктарды, коргоо, өнөр жай тармагын өзүм билемдик кылып өз кызыкчылыгын ойлогон чет мамлекеттик “бизнесмендерге” саттырып жатат деп сындаган. Бакиев түзгөн “Ак жол” фракциясы кабыл алган жаңы Салык кодекси патенттердин баасын миң пайызга кымбаттатып, элди сызга отургузуп жатканын баса белгилеп, президентти адам укуктарына жана эркиндигине кепилдик бере албай, диктаттык башкарууга айланды деп белгиленген.

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов болсо БЭКтин Улуттук кеңеши президентке жолдогон катында айтылган сөздөр, Бакиевди мөөтүнөн мурда кызматтан кетирүү талабы негизсиз деген пикирде:

- Биздеги оппозиция “кетсин” деген эле саясатын жүргүзүп келатат. Азыр президенттин мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүсүнө эч кандай укук дагы, эч кандай шарттар дагы, жүйөө дагы жок. Ал эми экономикалык кризистер жеке эле Кыргызстанда болгон жок. Дүйнө жүзүндө экономикалык кризис болуп жатат.

Саясий серепчи Кубан Абдымен болсо БЭКтин талабы мурдатан бери бышып, баралына жетип калган талап катары эсептерин билдирди:

- Бириккен элдик кыймылдын курамында жүргөн негизги оппозициялык партиялардын жетекчилери, басымдуу көпчүлүгү экономикалык кризис каптап келтканда, элдин кыйналып бартканын көрүп туруп, алардын келечегине жакшы бир мүмкүнчүлүк түзөлүк, жол ачалык деп жатышат деген ойдомун. БЭКтин президентти кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетирелик деген талабы азыркы бийликтин кетирген каталыктарын оңдоп, анын натыйжасында элдин арасында туруктуулукту сактайлы деген максатты көздөгөн талапты коюшу мүмкүн.

“Ак жол” партиясынын айрым мүчөлөрү Бириккен элдик кыймылда мурда ээлеген кызматтарынан бошоп, жеке таарынычтары бар адамдар чогулганын, алардын бийликке асылып, куру доомат артуусунда негиз жоктугун, оппозициянын ар кандай билдирүүлөрү коомчулук тарабынан колдоо таппастыгын айтышууда.

БЭКтин активдүү мүчөлөрүнүн бири Азимбек Бекназаров президентти мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү талабы, жеке эле ачык кат менен чектелип калбастыгын айтты:

-Бириккен элдик кыймылы президентти мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү талабы менен бир чоң саясий акция уюштурууга даярданып жатабыз.

БЭКтин Улуттук кеңеши президентке жолдогон ачык каттын соңунда оппозициянын лидерлерине карата саясий куугунтуктоону токтотууну, үй-бүлөгө кызмат кылган башкы прокурорду, ички иштер министрин, коопсуздук кызматынын жетекчисин жана Бакай-Ата, Талас районунун акимдерин кызматтан четтетип, жоопко тартуу талабы да коюлган.

Президентке жолдонгон бул ачык кат "Өлкөнү бүгүнкү оор абалга алып келгениңиз үчүн элден кечирим суроону жана баш мыйзамды одоно бузуп, адамдардын жана жарандарын укуктары менен эркиндиктеринин кепили боло албагандыңыз үчүн, Конституциянын 50-беренесинин 1,2-бөлүгүнүн негизинде мөөнөтүңүздөн мурун кызматтан кетүүңүздү талап кылабыз", - деп жыйынтыкталган.


Ноокаттыктар адилет чечим күтөт

Соттолгондордун жакындары эгер Жогорку Сот адилет чечим чыгарбаса Ак үй алдында нааразылык иш-чара өткөргөнү жатышат

Ноокатта Орозо айтта тополоң уюштурган деп айыпталган адамдардын туугандары, жактоочулары сот чечимине нааразы. Алар бул ишти өлкө башчысы көзөмөлгө алып, адилет чечим чыгарылышын талап кылышууда.

28-январда айыпталгандардын жактоочулару маалымат жыйын өткөрүп, ишти кайрадан карап чыгуу үчүн өкмөттүк комиссия түзүү зарылдыгын белгилешти. Эгер даттангандарга бийлик салкын мамиле жасап, жогорку соттун чечими да өкүмсүз болсо ноокаттыктар ак үй алдында нааразычылык иш-чараларын баштоого мажбур болоорун билдиришти. Жактоочу Нурдин Чыдыев:

-Камалып кеткен 32 адамдын укугун калыбына келтирүү үчүн, мамлекеттик масштабда комиссия түзүлсүн, деп суранабыз. Коммисия курамына президенттик администрациядан, Жогорку Кеңештен, коомчулук өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар, соттолгондордун туугандары жана укук коргоо органдарынан өкүлдөрү кирип, ишти текшерип көрүшсүн.

Нурдин Чыдынов оор жазага тартылгандар конкреттүү фактыларсыз эле «Хизб-ут-Тахрир» уюмуна тиешеси деп, айыпталып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, эгерде Жогорку сотто да өкүмдөр күчүндө кала турган болсо, Кыргызстандын эл аралык абройуна көлөкө түшүрөт деген пикирде.

-Бул коом үчүн коркунучтуу синдром. Демократиялык жетишкендиктерди ушул нерсе менен эле жок кылып алабыз. Сот чечими 1930-жылдагы сталиндик соттордон такыр айырмаланбай калды. Эгерде сот тармагы ушундай иштесе, анда биздин өлкөдө мыйзам жөнүндө сөз кылуунун кереги жок.

Жактоочулар маалымат жыйынын өткөргөн жайга Ноокаттан соттолгондордун жакындары да катышып, камалган отуз эки адамдын тагдырына президент Бакиевдин жеке көзөмөл кылуусун талап кылышты. Эгерде Жогорку сот да бир беткей чечим чыгарса, жүздөгөн ноокаттыктар Ак үй алдына нааразычылык иш-чараларды өткөрүүгө аргасыз аттанаарын айтышты.

-Башка аргабыз калбады. Тууган-уругубуз, эл-журтубуз, күнөөсүз соттолгондордун төрт-бештен балдары менен барып Ак үйдүн алдына отурабыз. Биздин кыйын турмушубузду алар да билсин.

Абакта жаткандардын азыр Жогорку соттун чечимин күтүп жатышат. Канткен менен Орозо айттагы бул чырлуу окуя дале болсо коомчулукта эки ача пикирде талкууланып келет. Мамлекеттик имаратты ташбараңга алып, элди башаламандыкка үндөгөн мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштургандар сөзсүз өз жазасын алууга тийиш, деп эсептейт жергиликтүү серепчи Эрнис Толтоев.

-Алар мамлекеттик имаратты талкалашты. Демек, мыйзамдуу өлкөдө жашап жаткан соң күнөөлөрү аныкталса, он жылгабы, жыйырма жылгабы кесилгени туура эле чечим.

Ноокаттык он тургун бийлик куугунтугуна чыдабай Иорданиядан башпаанек сураганы тууралуу, «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмунун башчысы Динара Ошурахунова билдирген эле. Андай көп өтпөй бул маалыматты айыпталган ноокаттыктар жана алардын жактоочулару четке каккан.

Жактоочу Назгүл Сүйүнбаева, учурда үч адам чет өлкөдө жашап, Иорданиядан саясий башпаанек сурап жатканы туугандары аркылуу такталганын кабарлады.

- Бирок бул азырынча расмий маалымат эмес.

Айрым укук коргоочулар камалгандардын жакындарына да бийлик түрдүүчө кысым жасап келатканын белгилешет. Белгилүү укук коргоочу Равшан Гапиров, Ноокаттагы абал күн санап курчуп, күнөөсүз адамдардын укугу одоно тебеленип жатканын айтып президент Кумарбек Бакиевге кат жолдогон. Бирок өлкө башчысы бул окуясы тууралуу өз пикирин билдире элек.


А.Абдурасулова: Аскерлерди ички тартип үчүн колдонуу жакшылыкка алып келбейт

Жарандык коомдун өкүлдөрү өткөн жылдын этегинде парламент кабыл алган “Кыргыз жарандарынын жалпы аскердик милдеттери, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндөгү” мыйзамга карата нааразылык билдирген кайрылуу таратышты. Анда мыйзамдын 27-беренеси боюнча аскерлерди ички иштерге аралаштырып куралдуу күчтөрдү өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салууга катыштырса, бул трагедиялуу жыйынтыктарга алып келээри белгиленген. Ошол билдирүү ээлеринин бири, “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдурасулова “Азаттыктын” түз обосунда мындай кайрылууга себеп болгон жагдайлар тууралу кеп салып берди.

- Мындай билдирүү таратып, тынчсызданууңуздардын себебин кыскача айтып кетсеңиз?

- Биринчиден, аталган мыйзам долбоору конститутцияга карама-каршы келет. Экинчиден, мындай тажрыйба дүйнө жүзүндө колдонулбайт, негизинен адам укуктарына, эл аралык талаптардын баарына дээрлик карама-каршы келет. Ошондуктан биз ушундай билдирүү менен чыктык. Бүгүнкү күндө президентке кайрылып атабыз, ушул мыйзам долбооруна вето коюп артка жөнөткүлө, бул мыйзам долбоору деги эле адам укугуна карама-каршы келген мыйзам долбоору деп. Эми кандай жыйынтык болот көрө жатарбыз.

- 2005-жылкы март окуясынын тушунда бийлик ишенген милиция деле эл тарабына өтүп кеткен учурлар болбоду беле. А жоокерлер андай кадамга бара албайт деп ишенүүгө мүмкүн эместигин тарыхтан билебиз да. Ошентсе да Жогорку Кеңеш кабыл алган бул мыйзамга али кол кою элек, президент үмүт кол койбой, артка кайтаруусуна үмүт барбы?

- Эми үмүт бар, себеби президент да ойлонот да, мындай жөнөкөй сөз менен айтканда армия деген дүйнөлүк тажрыйбада сырткы душмандардан ошол мамлекетти жана ошол мамлекеттин калкын коргогон структура болуп эсептелет. Армиянын колунда согуштук куралдар бар, анан аны элге каршы буруу өзү туура эмес. Бул деген ар бир жаранды, ар бир энени ойлонто турган нерсе. Эртеңки күнү мен баламды ушундай армияга бергим келеби, менин балам колуна ушундай согуштук куларды алгандан кийин, мага карата ошону сунганга мен кандай карайм деген суроолор туулат да. Мен башка нерсени айткым келет, армияны колдонсо болот. Маселен, өзгөчө кырдаалдар убагында, сел болуп кетсе, жер титирөөлөр болуп кетсе ушундай бир чоң жабыр тартуулар болуп кетсе. Мисал үчүн учурунда Ашхабаддагы, Ташкенттегидей аябай чоң зилзалаларда армияны колдонгон. Бирок куралы жок колдонгон. Ал эми ички тартиптерди орнотконго, алар эмне союл менен келишмек беле. Алардын колунда милицияныкындай союл жок, алардын колунда ок атуучу куралдар бар. Ошондуктан мындай мыйзамга кол коёрдон мурун ойлонуш керек.

Депутаттар айтып атышат, курал колдонбойт деп. Ал эми мыйзам жазылып калгандан кийин, кандай кепилдик берилет колдонулбашына. Учуру келсе бул депутаттар да кетет, бул президент да кетет, эртеңки күнү башка бийлик, башка структура келиши мүмкүн. Ал эми ушул мыйзам ушул эле бүгүнкү бийликте отургандардын өздөрүнө каршы колдонулуп калбайт деген кепилдикти ким бере алат?

-Ушул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан карала элек кезде сиздер ушундай бир билдирүү таратып, реакция жасаганга эмне тоскоол болду?

- Тилеке каршы бүгүнкү күндөгү Жогорку Кеңештин баардык иш аракеттери элден бекитилип, элден жашыруун жүргүзүлөт. Качан гана мыйзам долбоору талкууга алынганда, же болбосо мыйзам долбоору кабыл алынып, президентке кол коюга жөнөтүлгөндө гана биз билип калып атабыз. Мурунку парламенттер менен жарандык коомдун өкүлдөрү тыгыз байланышта иштечү элек. Биз каалаган убакта ошол парламенттердин отурумдарына кирип мындай байкоо жүргүзүп, же болбосо каралып аткан мыйзам долбоорлоруна алдын ала көз жүгүрткөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар болчу. Азыр болсо качан гана, элге каршы, адам укугуна каршы мыйзам долбоорлору кабыл алынгандан кийин гана, алар жарыя кылышат, биз ошондо гана билип, ошондо гана реакция жасаганга үлгүрүп калып атабыз. Кээ бирлерине үлгүрбөй да калып атабыз.

-Анын үстүнө бул мыйзам жаңы жыл күндөрүнүн алдында кабыл алынбадыбы...

-Ооба, ошол жаңы жыл күндөрү ушундай бир эки-үч мыйзамдар кабыл алынып кетти. Ошолордун бири, аскер кызматы боюча мыйзам да 26-декабрь күнү кабыл алынды. Ошел эле убакта парламент тарабынан экстремисттер, террорчулар тууралуу да бир мыйзам долбоору каралып, парламент бул боюнча комитет түзүүнү жактырды. Ар бир жарандардын айткан ойлоруна, пикирлерине, кайрылууларына ой жүгүртүп, ошол кайрылуулардын ичинде айтылган ой-пикирлердин ичинде экстремисттик маанай барбы, же жокпу деп анализ жүргүзүп, анан эми биздин ар-бирибиздин ой жүгүртүүбузгө болгон дагы бир ушундай укук бузуулар каралган да бул мыйзамда. Тилекке каршы бул мыйзам да 26-27-декабрь күндөрү кабыл алынды.

-Маегиңизге рахмат.

Оппозицияга - туш тараптан тушоо

“Акыйкат үчүн” кыймылы менен Коомдук парламент кечээ билдирүү таратып, алардын жеке өздөрүнүн гана эмес жакындарынын да өмүрүнө коркунуч туулуп турганын билдиришти.

Алардын айтымында, эгер алардын өмүрүнө кол салуу болсо, буга президенттин үй-бүлөлүк бийлиги керт башы менен жооп бериши керек. Алардын мындай билдирүүсүн айрым талдоочулар катардагы эле окуя катары баалашууда.

“Акыйкат үчүн” кыймылы менен Коомдук парламенттин билдирүүсү жалпысынан “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов тууралуу болду. Билдирүүдө ага карата кылмыш ишинин козголушу жана андан шаардан чыкпоо тууралуу тил каттын алынышы оппозиция өкүлдөрүнүн иштерин, айрыкча Москвага иш-сапарын үзгүлтүккө учуратуу максатында болуп жатканы айтылат. Оппозициянын Москвага барчу делегациясын баштап бармакчы болгон А.Жекшенкуловдун өзү, бийлик анын тышкы байланыштары чоң экенин билерин, андыктан анын ишмердүүлүгүнө түздөн-түз тоскоол кылып жатканын айтат:

- Менин оюмча эң негизги максат, биздин кыймылыбызды, иш-аракеттерибизди чектегенге аракет кылып атышат. Өзүңөр билгендей менин тышкы саясат боюнча тааныштарым, байланыштарым көп. Биз Орусияга, Европага бармак элек. Ошол себептүү бизди тышка чыгарбай коюу максатын кылып жатышат.

Мурдагы тышкы иштер министри, “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкуловго карата, ал министр болуп турган убагында мыйзамга каршы келген иштерди жасаган делип кылмыш иши козголгон. Иш соңуна чыкканчы андан шаардан чыкпоо тууралуу да тил кат алынган. Ушул себептүү оппозиция өкүлдөрүнүн Москвага боло турган иш-сапары да кийинкиге жылдырылды. Ал эми “Акыйкат үчүн” кыймылы менен Коомдук парламент билдирүү жасап, ишмердүүлүктөрүнө катуу тоскоолдуктар болгону аз келгенсип, өмүрлөрүнө да коркунуч туулуп жатканын, эгер алардын бирөө бир нерсе болсо ага президент түздөн-түз жооп бериши керектигин айтышууда.

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумаматов бул тууралуу мындай дейт:

- Эми, биздеги ар бир саясий кыймылдар, уюмдар өз пикирин айтканга укуктуу. Мен алардын пикирлерин урматтайм. Ал эми билдирүүдө айтылган А.Жекшенкуловдун өзү боюнча, ага кылмыш ишин козгогон уюмдардын пикирлери айтылса туура болот го.

Бир катар жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар да оппозициядагы саясатчыларга абдан чоң басым-кысым болуп жатканын айтып келишет.

Ал эми айрым саясат талдоочулардын баамында, азыркы тапта оппозициядагылардын Москвага барып келишинен бир нерсе өзгөрүп кетпейт. Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков бул тууралуу мындай дейт:

- Чынын айтканда, бул билдирүү түккө турбаган нерсе экен. “Биздин өмүрүбүзгө коркунуч туулуп атат” деп, жанагы бир гезиттин редактору айтып атат, башкасы айтып атат. Эми, А.Жекшенкулов Москва эмес Америкага барса деле эч нерсе чыкпайт. Москвага барганда эмнени чечип келмек эле? Бара берсин, келе берсин. Бул деген демократиялык коомдогу мыйзам ченемдүү көрүнүш.

29-январь: Тарых барактары

Англичандар жасаган дүйнөдөгү биринчи танктын адегендеги сыноосу 1916-жылдын ушул күнү өткөрүлгөн.

Кыргыз-өзбек чегарасын аныктоого арналган өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны 2004-жылдын бул күнү ишин аяктаган. Англичандар жасаган дүйнөдөгү биринчи танктын адегендеги сыноосу 1916-жылдын ушул күнү өткөрүлгөн. Венециялык айтылуу Ла Фениче опералык театры 1996-жылдын бул күнү толугу менен өрттөнүп кеткен.

Орус жазалоочу отряды менен Пулатхан баштаган козголоңчулар ортосунда жүргөн чечүүчү кармаш 1876-жылдын январь айында Үч-Коргон кыштагынан 84 чакырым алыстыкта орун алган Кара-Тегин капчыгайында өтүп, козголоңчулар оор жеңилишке учураган. Пулатхандын 5000 чамалуу атчан аскери толук талкаланып, ал он жигити менен согуш талаасынан качып чыккан. Бир канча орус аскери жаракат алып, жазалоочу отряд 1876-жылдын 29-январында Асаке кыштагына өргүүгө келген. Ушул эле күнү орус аскер жетекчилигине Анжыян, Маргалаң, Кокон, Ош жана Өзгөндүн кадырлуу адамдары келип, империяга баш ийгендигин билдиришкен.

Кыргыз-өзбек чегарасын аныктоого арналган өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны 2004-жылдын бул күнү ишин аяктаган. Бишкек шаарында өткөн жыйынга Кыргызстан менен Өзбекстандын чегара маселелери боюнча адистери, топографтары, картографтары чегараны тактоо маселесинин үстүндө иштеп, эки өлкөнүн 30 чакырым чегарасын аныктоого жетишти. Ошондой эле, жыйында кыргыз-өзбек чегарасын тактоо боюнча 2003-жылы жүргүзүлгөн иш-чаралар жыйынтыкталып, 2004-жылдын биринчи жарымында чегараны делимитациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын иш-пландары бекитилди. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чегаранын узундугу 1295 чакырымды түзөт.

Англичандар жасаган дүйнөдөгү биринчи танктын адегендеги сыноосу 1916-жылдын ушул күнү өткөрүлгөн. Жаңы курал ушул жылдын сентябрь айында согуш талаасына чыгарылып, ал салгылаш тактикасын түп тамырынан өзгөрткөн. Кийинки салгылаш тарыхы көрсөткөндөй танксыз бир дагы согушту элестетүү мүмкүн эмес. Англис танкына адегенде жашыруун шартта жана шарттуу түрдө «танк», тактап айтканда «цистерна», «челек» аталышы берилип, кийин ал бардык жерде түбөлүк сакталып калган.

Венециялык айтылуу Ла Фениче опералык театры 1996-жылдын бул күнү толугу менен өрттөнүп кеткен. Кийинки эки жүз жыл ичинде аталган театр алты жолу күйгөн. Соңку өрттүн себебин театрдын легендарлуу «Феникс» аталышынан башка бирөөгө жүктөө жолу болбогондуктан, тергөө иши да натыйжасыз аяктаган.

Айтылуу орус жазучусу жана драматургу Антон Павлович Чехов 1860-жылдын бул күнү жарык дүйнөгө келген. А. П. Чехов адабиятка адегенде Антоша Чехонте аталышы менен кирген. Башында ал бир үзүм нан үчүн «Осколки» журналына күлкүлүү жана күйдүргү юморескаларды жарыялап келген. Андан көп узабай болочок залкар жазуучу жеңил мүнөз ылакап ысымдан кутулуп, окурмандарга ажайып психолог, каймана маанилүү саптардын ээси катары таанылган - Антон Чехов аталышы менен жарыялана баштаган. Анын «Эрөөл», «№ 6-палата», «Чайка» сыяктуу чыгармалары дүйнөлүк адабият казынасынан татыктуу ордун тапкан.

Атактуу француз жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Ромен Роллан 1866-жылдын 29-янаврында жарык дүйнөгө келген. Анын «Каякта нравалык көрөңгө тайыз болсо, ал жерде улуу адам да, улуу сүрөтчү да чыкмак түгүл, ал жерде улуу өзгөрүүлөр да жасалбайт. Андай жерде тек гана тайыз көпчүлүктөн көөдөң кумирлери чыгат да, алардын баардыгын тең убакыт өзү мойсоп салат», - деген учкул сөзү Батыш Европа коомчулугу үчүн өрнөк болуп келген.

Билеги күчтүүлөр бийликти сатып алабы?

Жарык көргөн гезиттердин дээрлик көбү жалаң саясат жана экономикалык жагдайлар тууралуу жазып чыгышты.

“Кыргызстан түбөлүк туруксуз жана кедей-кембагал өлкө, ошондуктан бул өлкөнүн бийлигин же америка, же орустар жөн эле сатып алышы мүмкүн” деп жазган америкалык “Stratfor” басылмасына шилтеме кылган “Лица” гезити бүгүнкү санына ушул макаланы кыскартып жарыялады. Макала “Америкалыктарды айдап чыгуу үчүн Москва кыргыздарга 2 млрд. доллар накталай акча сунуш кылды” деп башталып, Вашингтон менен ар кандай келишим түзөргө келген сайын Маскөөнү карап кылчактай баштаган Казакстан, суу жана энергетика боюнча тагдыры көбүрөөк бизге окшош Тажикстан, дүйнөлүк кризистин чеңгелине мына эми-эми түшүп, кара жанын бакканга каражат таппай, кайсактап турган Кыргызстан, бир нерсе жасай каларда эле аймактык ар кандай уюмдардан чыгам деп коркутуп, керек болсо Маскөөгө да кырдана коюп, өзүн Борбор Азиянын кожоюну катары сезген Өзбекстан жана эч кимге кошулгусу келбей өзүнчө жашоону каалаган, ошол эле убакта Батыштын эч кимисине ишенбеген Түркмөнстан жөнүндө баяндаган. Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз чөлкөмүндөгү орду, кадыр-баркы, экономикалык жана саясый кудурет-күчү тууралуу ойлорду ортого салат. Америка менен Орусия тууралуу сөз болот. Гезит Өзбекстанга арналган башка бир макалаларын атын ”Медведов Өзбекстандын кызыкчылыгын көздөй ооду”, “Медведовдун Ташкендеги билдирүүсү үчүн Тажикстан Маскөөгө нота жибергени жатса Кыргызстан азырынча унчукпай турат” деп атады.

“Жаңырык апта” гезити: “Кыргыз Республикасынын президентинин элге болгон кайрылуусунан эмнелерди күттүңүз эле?” деген суроо менен айрым атуулдарга кайрылганда алар төмөнкүдөй жооп беришти.

Токтогул Какчекеев, саясат иликтөөчү: - Бакиевдин кайрылуусундагы Кыргыз мамлекетинин аймагындагы жерлерге кол тийбестиги жөнүндөгү айткан сөзү гана канааттандырды. Үзөңгү-Кууш, Каркыра башка элдин колуна өтүп, эми башкалар да кыргыз жерине кызыгып жатканынан улам ушундай кадамдарга барып атса керек.

Райымкул уулу Касымбек, “Акжол-5” коомдук бирикменин төрагасы: -Кайрылуу элдин көңүлүн алаксытуу максатында жасалды, эл үчүн пайдалуу эч нерсе жок.

Исмаил Исаков, генерал: - Айткандары ишенимсиз, декларативдик гана сөз, президент элдин пикирин эч качан укпайт. Өз алдында катчылык түзүп алганы – аны элдин эсебинен каржылап, өзүнө пиар компания жасап, өз саясатын жүргүзүүгө кылган аракети. Президенттин “жердин бүтүндүгүн сактайм” дегенин колдош керек, бирок жерди 4 жылдан кийин сактайм деп атканы жүзөгө ашпай турган нерсе.

Ибрагим Жунусов, ЖК депутаты: - Бардыгын өз жоопкерчилигиме алам деп кескин айтканын бир дагы жетекчи, бир дагы президент буга чейин айткан эмес.

Азиза Абдрасулова, укук коргоочу: - Бакиев мамлекет башчысы болгондо эле ушулардын баарын аткарам деп ант берген, эми 4 жылдан кийин кайра ошону эле айтып жатканы таң калычтуу.

“Айат пресс” гезити депутаттар Бактыбек Иманалиев менен Дамира Ниязалиеванын интервьюларын, Өмүрбек Текебаев менен “Кабар” агенттигинин деректири Нарын Айыптын чай үстүндөгү алым сабагын, баяндамачы Жыргалбек Касаболотовдун президенттин жаңы дайындоолоруна арналган “Казан тешик болсо, кулагын жылдыргандан пайда жок” деген макаласын басты. “Азыркы бийликке ким барса да жаман көрүнгөндөн башка пайда таппайт. Минтип олтурса жакында оппозицияда Текебаев менен Шернязов гана калчудай” деп жазат автор.

“Учур” гезити “Радикалдуу кадамдардын күч алышына бийлик күнөөлүү” деген ат менен экс-премьер-министр А. Атамбаевдин интервьюсун сунуш кылды. Аңгемесинин акырында Бакиевдин саясаты тууралуу кеп кылган Алмаз мырза, ал өзү өкмөт башында иштеп турганда эле өлкөдөгү абалды болгонун болгондой айтып келгенин, эгер президент айланасындагы шылуундардын азгырыгынан чыгалбаса аягы жаман бүтөрүн, азыр президент мамлекеттин кызыкчылыгын жакындарынын кызыкчылыгынан жогору кое албай койгонун айтты. Руслан Шаботоев менен Жусупжан Жээнбековдун уулунун жоголушу жөнүндө сөз кылган Атамбаев жакында алар жалдаган топтун аракеттеринин натыйжасы көрүлгөнү турганын, аны кийин айтарын, ал эми милийса менен күч органдарына ишенич болбой калгандыгын кошумчалады.

“Аалам” гезитине белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков кенен маек курду. Маегинин атын “Кечээ эле мүдүрүлүп жыгылгандар бүгүн катапульта менен аткандай Ак сарайдын үстүнө чыгып кетип жатканын көрүп...” деп атаган Ишенбай агабыз бүгүн элита саналган адамдардын да Кыргызстан жөнүндө так, даана пикири жоктугун, демократияны багыт алдым деп сүйлөгөн өлкөдө оппозиция болушу керектигин, оппозиция болбосо аны түзүү милдети барын белгилеп, оппозиция деген эл душманы эместигин, ошондуктан алакандай өлкөдө ары-бери тартыша бербей, бийлиги да, оппозициясы да бири-бирине сый мамиледе болушу зарылдыгын насааттаган. Гезит ошондой эле А. Жекшенкуловдун “Башка өлкөдөгүлөр укса күлөт”, Т. Тургуналиевдин “Куугунтук далай замандарда кыргын алып келген”, А. Бекназаровдун “Сурак алган соттор күлүп жатышат”, И. Исаковдун “Биз талаптарды катуу коюп, президентти мөөнөтүнөн мурда кетиребиз” деген маектешүүлөрүн тартуулады.

“Асман пресс” гезити “Майрам эжемдин сиңдиси болгонумду эч качан жашырган эмесмин” деген темада Санатгүл Жамакеева менен аңгемелешкен. Санатгүл айым 2005-жылдын март окуясын эстеп, ошондо айланасында жүргөндөр тетири бурулуп баса беришкенин, азыр алар кайра 1 километрден көрсө да чуркап келе башташканын, көрсө бийлик бутагында жүргөн адамдардын көбү өз беттери менен эмес, маска кийип жүрөрүн түшүнгөнүн айтып берген. Азыр С. Жамакеева “Кыргызстан президентинин китепканасы” деп аталган коомдук фонддо иштейт. Анын айтымында, китепканага көз арткандар аны тартып алганы турат. Китепкана Аскар Акаевдин менчиги эместигин, кыргыз элине таандык экендигин айта берип тилим тешилгени калды дейт ал...

Өткөн жыл аяктап баратканда кайрадан жарык көрө баштаган “Кыргызстан маданияты” гезитинин жаңы саны да күркөлөргө түштү. Сиздер гезиттен: “Айтматовдун айкөлдүгү жана адашуусу” аттуу жазуучу М. Апышевдин, айтылуу комузчу Н. Абдрахмановдун “Кайран кыргыз комузум, кардыгып турат добушум”, Н. Капаровдун “Салижан Жигитов менен Эрнис Турсунов “Арашанда” таанышканда”, Т. Акматалиевдин “Хан Жантай менен Ак Мөөр сулуунун чыныгы көөнө тарыхы” деген макалаларын, ошондой эле кара сөз чебери, маркум Мурза Гапаровдун “Байчечек” аттуу аңгемесин, ырларды, күлкүлүү жоруктар менен эскерүү баяндарды окууга болот.

Азимбек Бекназаров: Бийлик бизди майтара албайт

Кyrgyzstan - Beknazarov Azimbek, leader of opposition forces, undated

Кечээ Башкы прокуратура “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси А. Жекшенкуловдон өлкөдөн чыкпоо жөнүндө тил кат алды. Буга байланыштуу Саясий куугунтуктан коргоо комитетинин мүчөсү, кылмыш иштери козголгон оппозиционерлердин адвокаты А.Бекназаров “Азаттыктын" түз ободогу суроолоруна жооп берди.

-Азимбек мырза, акыркы күндөрдө кылмыш иши козголгон оппозиция мүчөлөрүнүн катарын “Ата Мекен” партиясынын төрагасы толуктады. Ал эми кечээ Башкы прокуратура “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкуловдон Кыргызстандан эч жакка чыкпоо жөнүндө тил кат алды. Бийлик мындай аракеттер менен эмнени көздөп жатат деп ойлойсуз?

- Бийликтин аракети белгилүү. Өздөрүнүн көз карашына макул болбой, өз пикирин айткан саясатчыларды коркутуп-үркүтүп, кысымга алып, унчукпай коюуга мажбурлоо максатын көздөп жатышат. Экинчиден мына ушундай бийликтен башка көз карашы бар саясатчыларды колдоп кете турган инсандарды да коркутуу, “эгер кимде-ким оппозицияга кошулуп, аларга тилектеш болсо мына ушундай кылмыш жообуна тартып коебуз,” деп корктуп-үркүтүү максаты болуп жатат.

-Кыргызстанда оппозиция мүчөлөрүнө түрдүү кылмыш иштерин козгоп, куугунтуктоо күчөп жатканына бир топ убакыт болуп калды. Бул боюнча саясий куугунтуктан коргоо комитети, адвокат катары сиз эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылдыңыздарбы?

- Эл аралык адам укугун коргоо уюмдары эмне кылып берет эле? “Азаттык” аркылуу, же башка маалымат каражаттары аркылуу өздөрүнүн билдирүүсүн эле айтып коюшпаса, башка эмне кыла алышат. Анткени биз эгемендүү мамлекетпиз. Өзүбүздүн сот органыбыз бар. Эл аралык уюмдар биздин ички иштерибизге кийлигише албайт. Болгону саясий гана кайрылуу, билдирүү таратып койбосо, башка эч кандай чара көрө албайт да. Ошентсе да биз түрдүү эл аралык уюмдарга, ЕККУга бийлик башындагыларга бир таасир көрсөтүү чараларын көрөт го, деген ой менен кайрылып атабыз.

- Демек, кайрылуулар болуп аткан экен да?..

- Ооба, саясий куугунтуктан коргоо комитети, анын жетекчиси Топчубек Тургуналиев жана башка бир топ жергиликтүү адам укугун коргоочу уюмдар кайрылып, билдирип турушат. Эл аралык уюмдардын баары өлкөдөгү саясий кырдаал менен жакшы тааныш деп ойлойм.

- БЭКтин дагы бир мүчөсү Эмилбек Каптагаев 26-январда өзүнүн ишин карай турган сотко ишеним көрсөтпөй тургандыгын билдирди. Бирок бүгүнкү күнү деле коомчулукта сотторго ишеним аздыгын түрдүү сурамжылоолор көрсөтүп келет. Бул дагы чоң маселе болуп тургансыйт?..

- Сот гана эмес, бардык эле күч органдары да бүгүн бийликтин, президент Бакиевдин үй-бүлөсүнө кызмат кыла турган гана органга айланып калышты. Саясий буйрутма болгондон кийин алар Ак үй эмне десе, ошондой чечим чыгарып берет. Эмилбек Каптагаевдин сотко ишеним көрсөтпөө тууралуу арызы канааттандырылды. Бирок прокуратура ага макул эместигин билдирди. Ошондой эле Эркин Бөлөкбаевдин иши ден-соолугуна байланыштуу кийинкиге жылдырылды. Ишенбай Кадырбековдун иши дагы белгисиз мөөнөткө токтотулду. Буга кошумча экспертиза дайындалганы себеп болуп жатат.

Исмаил Исаковдун үстүнөн козголгон иш боюнча сурак берүү токтотулду. Өмүрбек Текебаев менен Аликбек Жекшенкуловдон Кыргызстандан чыкпоо тууралуу тил кат жазып берүүгө аргасыз болушту. Демек, бийлик, сот, күч органдары баары бүгүн Ак үйдүн буйругун аткарып атышат. Биз дагы колубуздан келишинче соттор, тергөөчүлөр менен иш алып барып, бүгүнкү күн менен эле жашоо бүтүп калбастыгын, келечекте беттеринде чиркөө менен жүрө албай тургандыгын эскертип, колдон келишинче биз да өзүбүздүн иш-аракеттерди жасап атабыз.

- Мурдагы күнү президент Курманбек Бакиев кайрылуу жасады. Айрым пикирлер боюнча мамлекет башчы эл күткөн көп нерсени айткан жок. Кадрдык алмаштыруулар эмне себептен жүргүзүлгөнү бүдөмүк бойдон калды, деген ойлор бар. Сиз канааттандыңызбы кайрылуунун мазмунуна?

-Жүз жолу кадрдык алмашуу болсо деле, бүгүн Кыргызстанды президенттин үй-бүлөсү башкарып, бардык маселени ошолор чечип атпайбы. Ошондуктан, кадр алмаштыруудан эч нерсе чыкпайт. Мамлекет башчы кайрылуусунда бардык саясий күчтөрдүн пикирлерин эске алуу менен иштешем, деп баса белгиледи. Элден мурда жогоруда биз айтып кеткен саясий күчтөрдүн башчыларына куугунтукту токтотуп, “мына мен буларды токтоттум,” деп койсо, эл бир аз ишеним артып калмак. Ошондуктан, президентке ишеним калбады, төрт жылдан бери алдай берип, өзү деле жадады. Президент жыйырма жолу кайрылуу кылса да, ага эч ким ишенбейт.

- Маегиңизге рахмат!

Ошко жаңы мэр шайланды

Шайлоо алдында гимн ырдалууда

Бүгүн өлкөнүн түштүк башкалаасынын башчысын шайлоо өтүп, бул орунга парламенттеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Мелисбек Мырзакматов шайланды.

Шаардык кеңештин кезексиз сессиясында президенттик администрация башчысы Данияр Үсөнов өлкө жетекчиси Курманбек Бакиев Ош шаарынын мэри кызматына Жогорку Кеңештин депутаты Мелисбек Мырзакматов менен президенттик администрациянын мамлекеттик саясат жана уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Уран Ботобековдун талапкерлигин сунуш кылганын билдирди.

Уран Ботобеков өз талапкерлигин алып салды

Ушундан кийин трибунага көтөрүлгөн Уран Ботобеков өз талапкерлигин алып таштай тургандыгын айтып, муну ал атаандашы Мырзакматов бул кызматка өндүрүшчү, уюштуруучу, саясатчы катары бардык жагынан татыктуу экендиги менен түшүндүрдү.

Мэрди шайлоо боюнча комиссияны жетектеген Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовский жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялады.

- Уран Ботобековдун чечимин кабыл алдык. Кезексиз сессияга 30 депутаттын 28и катышты. Бардыгы 40 жаштагы Мелисбек Мырзакматовду кубаттап добуш беришти. Ошондуктан, Мелисбек Мырзакматовду Ош шаарынын мэри болуп шайланды деп эсептейбиз.

Жаңы мэр Мелисбек Мырзакматов шаар улам тарып бараткандыгына тызылдап, мындан ары көп кабаттуу турак жайларды көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бураарын ачыктады.
Ош шаарынын жаңы мэри Мелисбек Мырзакматов

- Эми шаардын борбору гана эмес чет жакадагы кичирайондордун да элинин турмуш шартын жакшыртууга күчүмдү жумшаймын. Ички жана тышкы инвесторлорду таап, шаарыбыздын көркүн ачкан мыкты турак жай куруу боюнча максаттуу иш алып барууга умтулабыз.

Мелисбек Мырзакматов ошондой эле шаар депутаттары көрсөткөн ишенимди чукул арада актай тургандыгын убада кылды.

Ош шаарынын жаш тургуну Эрнис Толтоевдин туюмунда, курбалдаштары жаңы жетекчи Мырзакматовго чоң үмүт байлап жатышкан чагы:

- Акыркы мезгилдерде шаардын бийлиги жаштар менен көпчүлук мезгилде эсептешпей жаткандыгын көп көрүп келебиз, азыркы Мелис Мырзакматов бизнести, чыныгы экономиканы түшүнгөн, ошол эле мезгилде саясатка аралашкан инсан. Ошондуктан жаштар менен да чындап иш алып барат деген чоң ишеним бар.

Шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын кызматкери Болот Токтосунов болсо генералдык планды такташтырып бекитмейинче, Ош калаасы анклав бойдон кала берээрин эскертти.

- Биринчи кезекте генпланды тактап алышыбыз керек. Чегарабыз так эмес да... Шаардын ичинин биягы Кара-Суу, тиягы Араван району. Бүт эле райондор шаардын ичинде. Шаарга берип аткан жерлерибиз бүт баардыгы шаарга кирбеген райондордо жайгашкан. Ушинтип отурсак шаарда өнүгүү болобу. Шаардык инфраструктурасы, шаардын сулуулугу, шаардын келечеги болобу, болбойт...

Ошол эле учурда жергиликтүү серепчи Абай Эшмаматов жаңыдан шайланган түштүк башкалаасынын мэрине команда түзүү мүмкүнчүлүгү берилсе, шаар өнүгөт деген ойдо:

- Буга чейинки мэрлердин эч кимиси деле шаарга кыйратып жакшы жумуш кылып берген жок. Бул мэрден биз эмнени күтөбүз, шаарда ар кандай архитектуралык талапка жооп бербеген курулуштар көбөйдү, эми ошолордун баарын ирээтке келтирип анан шаардын инфраструктурасын көтөрүш керек. Шаар дегидей аты эле бар да, же болбосо чоңураак бир айылга келгендей эле болосуң азыр Ошко келсең.

Ж.Акенеев: Коомдук палата “кол палатага” айланчу болсо дароо чыгып кетем

Өлкө президенти эки күн мурда Ордо Кеңештин (Коомдук палата) курамын бекитти. Бул уюм эми кандай иштерди аткараары, анын мүчөлөрү кантип тандалганы тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Ордо Кеңештин мүчөсү, экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев жооп берди.

- Жумакадыр мырза, Ордо Кеңеш тууралуу президенттин жарлыгы чыккандан тартып эле коомчулукта түрдүү божомолдор айтыла баштаган. Анын арасында Ордо Кеңеш бийлктин кызыкчылыгы үчүн гана иштеп берүүчү кезектеги уюмга айланат деген пикирлер да айтылууда. Ордо Кеңештин мүчөсү катары мындай пикирлерге карата эмне айта аласыз?

- Эми Кыргызстанда коомдук палата деген мурда болгон эмес, ошондуктан мындай тажрыйба жок туруп бүт баарын эле жаман деп айта бергенде туура эмес да. Президент өзүнө мындай бир кол палата түзүп алып, элге чыкканы жатат деп айтып атышпайбы. Эми бул ар бир адамдын жеке пикири. Менимче, кандай болбосун Коомдук палата кандай иштээрин убакыт көргөзөт. Ал жерде тажрыйбалуу, бүт баардыгын түшүнгөн, өзүн билген, эч кандай бийлике багынып бербеген адамдар бар. Мисалы мен бөлөк жактан ушундай-ушундайды жасайсыңар, тигиндей мындай дегенди уксам ошол замат эле арыз жазып, бул палатадан чыгып кетем. 45 тажрыйбалуу адамдар бул палатага мамлекетке, элибизге, коомчулука жардам берели деген ой менен чогулуп жатабыз да. Эч кандай айлык маяна, эч нерсе албай өзүбүздүн ишибизден тышкары колдон келген жардамды берип калалы деген ой менен чогулуп жатабыз. Эми кандай жумуш жасаарыбызды убакыт көргөзөт.

- Жобо боюнча Ордо Кеңеш Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу мыйзамдарга, өкмөттун чечимдерине баа берип, пикирин билдире алат да. Ошол сиздер берген бааны, сунуштарды парламент менен өкмөт угуп, кабыл алышы мүмкүнбү?

- Жогорку Кеңеш бийлик сунуштаган эле мыйзамдарды кабыл алып, бийликтин айтканын аткарып атат деген сөздөр болуп атат. Коомдук палатага ошондой мүмкүнчүлүктү берсе, маселен бул же тигил мыйзам коомчулукка момундай зыян келтирет деп ачык айтабыз да. Коомдук палата бул коом менен байланыш да, биз элге айтып чыгыш керекпиз бул мыйзамга туура келбейт, бизге мындайдын кереги жок дегендей. Менимче биз ошондой маселелерди талкуулап, бир жакшы тыянагабызды айтсак бийлик аны угуп, кандайдыр бир жыйынтык чыгарат деген ойдомун.

- Ордо Кеңештин мүчөлөрү мамлекет башчы тарабынан кечээ бекитилди. Алардын арасында бийликке кескин сын айтып жүргөн саясий партиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жоктугу көрүнүп турат. Мүчөлөрдү тандоо жолу кандайча жүргүзүлгөнүнөн кабарыңыз барбы, мисалы сизге кандай сунуштар түштү эле?

- Жок, мен анысын билбейт экенмин. Биз үч жыл мурда “Комсомол” деген уюм түзүп, чоң жумуштарды аткарып жатабыз, маселен мурдагы студенттик отряддарды жандандырып, мына үч жылдан бери иштеп атат балдар. Уюмубузда он беш миңдей мүчөлөрүбүз бар да. Коомдук палата болот дегенден кийин алар кеңешке чогулуп, сиз сөзсүз түрдө бул палатага кирүүгө аракет кылыңыз биздин атыбыздан, биз дагы мамлекет үчүн бир иш жасап берели деген сунуштарын айтышты. Анан мен Коомдук палатага кирээр-кирбесимди да билген эмесмин. Биздин уюмдун сунушун карап, таразалап көргөн соң киргизсе керек да.

«Кумтөр»: өкмөт сүйлөшүүдө, парламент улутташтыруу мыйзамын даярдоодо

Парламентте салык, бажы кызматынын жетекчилери алтын кен маселсин талкуулашты

Кыргыз өкмөтү канадалыктар менен “Кумтөр” алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрүн улантууда. Парламентте “Кумтөр” алтын кенин улутташтыруу тууралуу мыйзам долбоору кезегин күтүп турат.

Парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков канадалыктар менен жаңы келишим долбоорун иштеп чыкчу жумушчу топ ишин жүргүзүп жатканын ырастап, эгер ал ишке ашып калса Кыргызстандын үлүшү 2008-жылдан тарта эсептелине тургандыгын маалымдады.

К.Исабеков депутаттар менен алтын кен маселесин талкуулады
- Мен сиздерге бир нерсени ачык айтып коеюн, А.Атамбаевдин келишиминде биртоп нерселер көмүскөдө калган. Эмне үчүн “Центерранын” мүчөсү болуп туруп, анын башка кендерин изилдеп койгон жокпуз. Алардын канча тапканын, алардын Кыргызстанда үлүшү канча? Кээ бир кен, мисалы, 38% ээ “Рен” алтын кени кыргыз өкмөтүнүн макулдугусуз эле сатылып кетиптир. Ушундай нерселер каралган эмес. Бир да тыйын зыян тарткан жокпуз. Мен сиздерге бир нерсени айтып коеюн, биздин комиссиянын да максаты, зыян кетпеш үчүн өткөн жылдын 1-январынан тарта төлөмдөр кетиши керек.

И.Чудиновдун экинчи жылга созулуп бараткан жаңы келишим түзүү аракети ишке ашып кетсе “Кумтөр” алтын кенинен арбын салык түшө тургандыгын К.Исабеков да ырастады. Вице-спикердин “Кумтөр” алтын кенин улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам долбоору парламенттин эмдиги айдагы күн тартибине киргизилип, кезегин күтүп турат. Ошол өкмөт түзгөн жумушчу топтун айрым мүчөлөрү, салык, бажы, социалдык кызмат жетекчилеринин “Кумтөр” алтын кен компаниясынын жетекчиси менен Жогорку Кеңеште 28-январда жолугуп, ортодогу талаш маселелерди жабык талкуулашты.

Анда эмне кеп-сөз болгонун сурап “Кумтөр” алтын кен компаниясынын президенти Андрей Сазановго микрофон сундук.

- Жаңы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы алар аяктагандан кийин айтылат. Мен сүйлөшүүлөр кандай жүрүп жатканн айта албайм. Ошондой деп сүйлөшкөнбүз. Сүйлөшүүлөр бүткөнчө эч кандай комментарий берилбейт.

Парламенттин вице-спикери К.Исабеков компания 997 миллион 500 миң сом салык төлөбөй келатканын билдирди. Компаниянын “Сары-Төр”, “Түштүк-батыш” участокторун изилдөө иштери да артынан 1,5 миллиард сомдон ашуун талаш чыгарып, анын да башы ачыла элек.

Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орунбасары Жеңишбек Эшенкуловдун айтуусунда, 11 жылга созулган талаштуу салыкты төлөөгө “Кумтөр” алтын кен компаниясынын шашылган жери жок:

- Талашка түшкөн салык төлөнө элек. Күнүңкү төлөмдөрдү алар убагынан кечиктирбей эле төлөп келатышат.

1,5 миллиард сомдук талаш тактала электигин Кыргызстандын Бажы комитетинин төрага орунбасары Самсалы Суваналиев да билдирди:

- Бир жумадан кийин бул сандарды айтып беребиз. “Кумтөр” алтын кенинен маалымат алынды, эми андай дооматыбыз жок.

Анткен менен чоң талаш 2003-жылдын 31-декабрында Николай Танаев кол койгон өкмөттүн “Кумтөр” алтын кен долбоорун өзгөртүү жөнүндөгү токтомдун айланасында жүрүүдө. Өкмөттүн жаңы канадалык компанияга уюштуручулардын катарында 35% акцияга ээлик кылууга макул болушу, анан да анын жарымын 80 миллион долларга сатып ийиши көпчүлүк үчүн эмдигиче табышмак. 2007-жылдын августунда А.Атамбаевдин өкмөтү Кыргызстандын акцияларын дагы 15%, салык, төлөмдөрдү, Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө арбын каражат бөлчү жаңы келишимдерге кол коюп, бирок алар парламенттен колдоо таппай калган.

И.Чудиновдун өкмөтү түзүүгө куштар жаңы келишимдерге качан кол коюлары белгисиз. Ал арада парламенттин вице-спикери К.Исабеков өкмөттүн 2003-жылкы токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен экинчи ирет сотко кайрылды.

Эл каттоо мигранттардын эсебин тактай алабы?

Улуттук статкомдун төрагасы О.Абдыкалыков эл каттоодо сырттагы жарандардын так эсебин алуу мүмкүн дейт.

Ушул жылдын 24-мартынан 2-апрелге чейин Кыргызстанда эл жана турак-жайларды каттоо өтмөкчү. Айрым укук коргоочулар бул эл каттоо үстүртөн жүргүзүлүп калышы мүмкүндүгүн айтышууда.

Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Орозмат Абдыкалыковдун айтымында, эл жана турак-жай корун каттоо иш чарасын өткөрүүнүн негизги мааниси мамлекеттин мындан аркы өсүп-өнүгүүсүн пландоо болуп эсептелет.

-Өлкө аймагында канча адам жашайт? Алардын социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү, билим жагынан бардык жагынан мүнөздөмөсүн алып, ошого жараша өлкөбүздүн өнүгүү программасын иштеп чыгат. Турак жайларды каттоодо деле канча турак жайлар бар? Алардын саны, сапаты. бир адамга канча чарчы метр аянт тиешелүү? Там-таштын сейсмикалык абалы, кирпичтен салынганбы, же саман кирпичтен салынганбы? Ушулардын барын тактап чыгып мамлекеттин алдыда турган милдеттерин аныктоо.

Абдыкалыков белгилегендей, комитет тарабынан эл жана турак жайларды каттоого мамлекеттик бюджеттен 127 млн.сом каражат бөлүп берүү өкмөткө сунушталган. Бул иш чараны өткөрүүгө 15 миң адам тартылышы күтүлүүдө. Комитеттин жер-жерлердеги бөлүмдөрү каттоо өткөрүүгө толук даяр болушкан. Ал ошондой эле эл каттоодо ички жана тышкы миграция тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Эл жана турак жайларды каттоо учурда Кыргызстан үчүн зарыл экендигин, бирок Улуттук статистикалык комитет бул ишти өткөрүүнүн мезгилин туура эмес тандашкан, ошондуктан эл каттоо үстүртөн эле жүргүзүлүп калышы мүмкүн деген кооптонуусун укук коргоочу Акин Токталиев билдирди.

- Бул туура эмес. Эл каттоону 24-мартта өткөрүү бул кара күчкө жалган өткөрүү дегенди билдирет. Мурдагы Совет мезгилинде эл каттоо жылдын соңунда, же жылдын башталышында эл үйлөрүндө болуп, эч жакка чыкпай калган маалда жүргүзүлчү. Март айында күн жылып,элдин ары-бери жүргөн кыймылы көп болот да, каттоо маалында көпчүлүктү таппай калышы мүмкүн. Ошондуктан формалдуу түрдө өткөрдүк дешип, өкмөттүн акчасын бөлүп алышып, анан өткөрдүк дешип отуруп калышат.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары комитет отурумунда Улуттук статистикалык комитет так эмес маалымат берип жатат деп сынга алып, анын ишмердүүлүгүн текшерүү маселесин көтөрүшкөн

Орозмат Абдыкалыков депутаттардын мындай пикири менен макул эмес. Анын айтымында, Улуттук статисткалык комитет саясий-административдик кийлигишүүлөрдөн чыгарылып, ага кесиптик көз карандысыздык берилген. Андыктан кандайдыр бир бийлик бутактарынын, же саясий күчтөрдүн кызыкчылыгын көздөбөйт:

- Депутаттардын сын-пикири тууралуу маалыматым бар. Алар балким толук түшүнбөй калган жагдайлар болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан биз толук маалымат даярдап, аларга түшүндүрүп беребиз. Ал эми эл жана турак жай корун каттоого жер-жерлерде толук даярдыктар бар десем болот. Биз так маалымат бергенге гана мажбурбуз. Башка бизде эч кандай кызыкчылык жок.

Айрым байкоочулар менен укук коргоочулар Кыргызстандан 700 миңге чукул атуул чет мамлекеттерге эмгек мигранты болуп кетишкенин, шайлоо маалында алардын ордуна жергиликтүү бийлик өкүлдөрү добуш беришип, шайлоолор бурмаланып келатканын айтышууда. Бул маселеге Улуттук статистикалык комитеттин тиешеси жоктугун билдирген Абдыкалыков каттоодон өтүп чет өлкөлөргө чыгып кеткен кыргыз жарандарынын саны 37 миңдин тегерегинде экендигин, эмгек мигранттарынын так санын айтууга мүмкүн эместигин кошумчалады. Ал ошондой эле эл каттоодо сыртта жүргөн атуулдардын так санын аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кошумчалады.

Улуттук статистикалык комитетке буга чейин каржылык-техникалык жардамдарды берип, колдоо көрсөтүп келаткан БУУнун калкты жайгаштыруу корунун Кыргызстандагы координатору Нил Волкер алдыдагы эл жана турак жайларды каттоо иш чарасы оңойго турбастыгын белгилеп, аны өткөрүүгө 150 миң доллардан ашуун каражат жана техникалык жактан жардам беришерин белгиледи:

- Тоолуу аймактын өзгөчөлүгүн эске алганда, бул каттоо биздин алдыбыздагы оор маселе болуп эсептелет.

Маалыматтарга караганда, учурда Кыргызстанда 5 млн. 250 миңдей адам жашайт. Алардын канчасы чет мамлекеттерде жүргөндүгү, канчасы кош атуулдук алып кетишкени, келгин кыргыздарынын саны жөнүндө так маалымат жок. 1999-жылдагы эл каттоодо өлкө аймагында 4 млн. 824 миң адам катталганы маалым.

Карина көркөм муз тебүүдө кыргыз намысын коргойт

Карина Ураимова көркөм муз тебүү боюнча эл аралык мелдештерге Кыргызстандын атынан катышкысы келет

Бишкектеги шаардык муз сарайында көркөм муз тебүү боюнча спорт чебердигине талапкер Карина Ураимованын өнөрүн спорт адистери сындан өткөрдү. Эми ал эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргомок болду.

Орусиянын Новосибирск шаарында туулуп, өскөн кыргыз кызы Карина Ураимова жети жашында гимнастика менен машыгып, 6 жылдан бери, тактап айтканда 9 жашынан тарта көркөм муз тебүүнүн сырларын үйрөнүп келүүдө. Анын көркөм муз тебүүдөгү алгачкы устаты орусиялык Владимир Радченко болсо, кийин белгилүү машыктыруучу Александр Жулинден сабак алган.

Ошондой эле Орусияда, Польшада өткөн көркөм муз тебүү боюнча эл аралык мелдештерге катышып, адистердин көңүлүн бурган. Москвада спорт чебердигине талапкерлик талаптарды орундаткан.

Каринанын атасы, өзгөндүк кыргыз Карим Ураимовдун айтымында, апасы монгол кызы болгондуктан Монголиянын спорт жетекчилери расмий чакырып, ага шарт түзүп берүүгө убада кылышып, Каринаны Монголиянын атынан эл аралык мелдештерге катышууну сунуштаган. Бирок кыргыз кызы болгондуктан монголдордун сунушуна макул болбой, Кыргызстандын намысын коргоо чечими менен, Бишкекке атайын келип, спорт жетекчилеринин, адистеринин сынынан өттү.

Көркөм муз тебүү боюнча спорт чебердигине талапкер Карина Ураимова өзү дагы Кыргызстандын атынан эл аралык мелдештерге катышууга ниет кылганын айтат:

-Мен азыр 15 жашка чыктым. Жети жашымдан спорттук гимнастика менен машыга баштагам. Көркөм муз тебүү спортун абдан жакшы көргөндүктөн Новосибирскиде 9 жашымда ушундай спорт ийримине бардым. Андан бери алты жыл өтүп, эл аралык мелдештерге катыштым. Эми Кыргызстандын намысын коргоп, эл аралык мелдештерде Кыргыз туусун көтөрүп чыккым келет. Балким 2010-жылы Канаданын Ванкувер шаарында өтө турган кышкы олимпиадада Кыргызстандын намысын коргоп калышым дагы ыктымал.

Кыргыз спорт адистеринин алдында Карина Ураимова муз үстүндө эки ирет өз өнөрүн, чеберчилигин көрсөттү.

Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Мурат Жакыповдун баамында, Карина Ураимованын техникалык даярдыгы, көркөм муз тебүү чеберчилиги жогору болгондуктан адистердин үмүтүн жандырып турат.

Көркөм муз тебүү боюнча спорт чебердигине талапкер Карина Ураимова Орусиянын атуулу болгондуктан, өзү дагы Кыргызстанга келип, өлкөнүн атуулдугун алууну каалап турат.

Ошентип Кыргыз спортунун тарыхында алгачкы көркөм муз тебүү өкүлү болууну каалаган Карина Ураимовага өлкөдөн демөөрчүлөр табылып, спорт жетекчилери ага шарт түзүп бере алышабы? Бул маселелердин башы ачылбай, суроолорду жаратып турган учуру.


Ж. Пиримбаев: “Ачык-айкын башкаруу жөнүндө биринчи жолу сөз болуп жатат”

Профессор Жусуп Пиримбаевдин пикиринде, мамлекет башчы элге кайрылуусунда биринчи жолу ачык-айкын башкаруу системасын түзүү тууралуу маселе көтөрдү.

- Президенттин кайрылуусу боюнча пикириңизди кыскача айтып кетсеңиз. Сизге кандай таасир калтырды?

-Негизинен бул жанагы коомдо болуп аткан олку-солку ойлорду бир аз түздөгөнгө өзүнүн салымын кошуп кете турган болду. Себеп дегенде, 18 жылдан бери ачык сүйлөшүү деген жок, президенттердин кайрылуусунда тактык жок жөн эле мындай декларативдүү сүйлөөлөр көп болуп кеткен да. Азыр эми өтө кыска, бирок мазмундуу кайрылуу болду да. Эгерде ушул кайрылууну чын ой менен мамлекеттин келечегин оңдоо жөнүндө айтылган сөз десек жаңылышпайбыз.

- Кайрылууда демократия менен мамлекттик башкаруунун, базар менен мамдекеттик жөндөөнүн тең салмактуулугун сактоо тууралуу айтып, президент бийликтин күчүн гана чыңдоого аракет кылган жокпу?

-Жок, бул жерде аны башкачараак түшүнүш керек деп ойлойм. Себеп дегенде тең салмак деген демократиялык, рыноктук, анан улуттук менталитеттин тең салмактуулугу деп атпайбы. Бул деген анын тең салмактуулугун контроль кылуу эмес, бул деген ошол улуттун денгээлиндеги жанагы демократиялык системанын, рыноктук системанын колдонула турган жерлери ушул улуттун менталитетине төп келе турган, шайкеш келе турган болсун деп атат. Тең салмактуулук эмес шайкеш келе турган кылып иштеш керек деп атат менимче.

- Мисал үчүн кандайча болгондо деп айтасыз?

-Мисал үчүн мындай болуп атпайбы. Биз бүгүнкү күнгө чейин жанагы либералдуу экономиканын закону менен иштеп атабыз да. Либералдуу экономиканын законунун жыйынтыгы мына көрүнүп атпайбы бүгүнкү күндө. Эгер улуттун менталитетин эске албасак, анда экономиканын жана рыноктук системанын эффективдүүлүгү болбойт. Ошол жөнүндө сөз болуп атат, ошол рыноктук экономика системасын улуттук менталитет менен демократиянын талаптары менен шайкеш алып барыш керек деген сөз болуп атат. Тең салмактуулук эмес, аларды мындай теңдештиргиле деген жок да.

- Демократия менен базардагы хаосту жөнгө салуу дегендей пикир бар да.

- Жок, андай пикир жок бул жерде. Эң негизги айтып аткан ой башкаруу системасы жөнүндө болуп жатат. Жаңы башкаруу системасы, улуттук деңгээлде өзүбүздүн күчүбүз жете турган башкаруу системасын куруш керек деген маселе коюлуп атат. Биз ошол улуттук башкаруу системабызды түзө алабызбы, түзө албайбызбы бүгүнкү күндө? Эгер келечекке кете турган болсок, биз ошону түзүш үчүн айкындык, жарандардын катышуусу менен алып барышыбыз керек деп атпайбы. Ошонун негизинде партиялык системаны күчөтөбүз деп атат. Анын эмнеси демократияга каршы, ал туптуура эле. Партиянын таасирин көбөйтүш үчүн алардын активдүүлүгүн арттырыш керек.

- Президенттин кайрылуусу чыккандан кийин эле анын өзүнүн бийлигин чыңдоо аракетин көрө баштаганынан кабар берип атат деген пикирлер айтылып баштады. Сиз кандай ойлойсуз?

-Өзү негизи кыргыздар бөйрөктөн шыйрак чыгарганды жакшы көрүшөт да. Ар бир айтылган сөзгө эле каршы бир нерсени айтып, кыйытып, какшыктап турса. Мен кечээки президенттин айтылган сөздөрүндө эч бир мындай кыйыр ойду түшүнгөн жокмун. Биринчи жолу, мисалы, ачык-айкын башкаруу системасын куруу жөнүндө сөз болуп атат. Эгер кыргыздар муну колдой албаса, анда баягы бирин-бири кодулап, бул муну ойлоп атат, тигил тигини ойлонуп атат деген соз менен отура беребиз.

Туура, эгерде бул иштер ийгиликтүү бара турган болсо башкаруу бийлигине болгон ишеним артат. Башкаруу бийлиги чындап эле өзүнүн түбүн түптөйт. Бул мамлекеттүүлүктүн негизги маселелеринин бири. Эгерде бул жагынан келгенде биз бийликтин жалпы талабына жооп берээрин айтышыбыз керек да.


Зайнидин Курманов: Жок Конституцияга кантип таянабыз?

Президенттик шайлоону 2009-жылы күзүндө өткөрүү жөнүндө СДП фракциясы көтөрүп жаткан маселенин канчалык жүйөөсү бар? “Азаттыктын” суроолоруна Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары комитетинин төрагасы Зайнидин Курманов жооп берет.

- Зайнидин мырза, СДП фракциясы президент Курманбек Бакиев президенттик шайлоону 2010-жылы эмес, эски Конституцияга ылайык 2009-жылдын күзүндө өткөрүшү керек деген маселени көтөрүп жатат. Фракция төрагасынын орун басары Иса Өмүркуловдун айтымында бул боюнча Конституциялык Сотко кайрылуу аракети көрүлүп жаткан экен. Сизде кандай пикир бар бул боюнча?

- Азыр Кыргызстанда бир гана Конституция бар, мурунку Конституциялар, өзүңүз билесиз, Конституциялык Соттун чечими менен жараксыз болуп калган. Анан эски Конституцияга, жок нерсеге кантип таянабыз? Референдум менен алынган азыркы жаңы Конституцияда жазылып турбайбы, 43- беренеде, президент 5 жылга шайланат деп. Шайлоону ким жүргүзөт? Президенттин жаңы шайлоосу Жогорку Кеңештин токтому менен даярдалат.

Мен ал маалыматты окугам. Суроолор туулуп атса юридикалык карама-каршы ар кандай пикирлер чыгып атса, ал үчүн Конституциялык Сот бар да, ошол жака кайрылсын. Эми, кудая шүгүр, төрт жолу президентти шайлаганбыз, ошону билишибиз керек да. Ал жерде бешинчи жылдан баштап шайлоо өткөзүлсүн деген эч нерсе жок.

- Жаңы Конституция боюча шайлоо 2010-жылы кайсы учурда өтүш керек негизи?

- Мына санап көрсөк - 2010-жылы июль болуп атпайбы. Жаңы мыйзамда, Президент жөнүндө мыйзамда беш жыл мөөнөтү ошол мезгилде бүтөт деп жазылып турат. Ошон үчүн мен ойлоп атам Иса Шейшенкулович (Өмүркулов) юристер менен консультация өткөзүп, маалымат бербесе жеңил ой-пикирге айланып баратат. Мыйзам чыгаруучу болуп аткандан кийин, депутат мыйзамдарды алып аткандан кийин биздин маалыматтарыбыз жеңил болбош керек.

- Маселен, Орусияда деле президенттик мөөнөт 6 жылга узартылганы менен, Дмитрий Медведевге бул ирет 4 жыл гана башкарып, анан кийинки президенттик шайлоого барыш керек деп атышат да. СДП лидерлери ушул мисалды да келтирип атышат.

-Эми Медеведев боюнча алып көрсөк, ал жерде таптакыр башкача да. Ал жерде азыркы иштеп жаткан Конституцияга киргизип атпайбы өзгөрүүлөрдү. Аны эч ким жойгон жок. Бизде акыбалыбыз башка болуп атат да. Мурдагы Конституция жоюлуп кеткен.

- Анан дагы бир суроо сизге Ордо Кеңеш боюнча. Сиз Ордо Кеңештен эмнени күтүп атасыз? Кечээ курамы жарыяланды, сизде кандай ой калтырды курамы?

-Эми ойлор жакшы коомдук көзөмөлдө болуш үчүн жарандык коом менен тыгыз байланыш жасоого аракеттенип атат. Мен ойлоп атам Россиядагы Коомдук Палата жакшы эле иштеп кеттпедиби, өзүнчө бир азыркы бийликтерге атаандаш күч болуп, коомчулуктун таламын көздөп. Мен ойлоп атам, ошол жол менен кетсе, коомчулукка, НПОлорго жана башка уюмдарга иштеш үчүн жакшы жагдайларды түзөт.

- Парламенттин кайталоосу, көчүрмөсү сыяктанып атат деп бир укук коргоочулар айтып чыгышты. Сиз кандай дейсиз?

-Эми жумушун башташ керек да. Бала төрөлө элек, төрөлбөсө деле диагноз коюп атат, кереги жок андайларга. Иштеп көрсүн, көрүш керек да биринчиден. Эми каякка шашып баратабыз, иштеп көрсүн.

- Сиз парламент менен кандай иштешсе деп ойлойсуз?

-Парламенттке ошондой палата түзүлгөнү жакшы болот. Анкени ал жерде идеясы эң татыктуу, интелектуалы жогору адамдар чогулуп атпайбы. Ошолор кандай баа берет. Парламент чечимдерди алыш керек, өкмөт кандай чечимдерди алыш керек. Өзүнчө бир ориентир болот да. Негизинде кыргыздарга, Кыргызстанга керек болуп атат. Бизде адамдар аз, кадрлар аз. Мамлекеттин кызыкчылыгын көзөмөлдөгөн, сактаган адамдар аз болуп атат. Ошон үчүн коомчулуктун мындай саясий процесске кошулганын мен жактайм.

- Зайнидин мырза, 2003-жылы Демократиялык Коопсуздук Кеңеши деген түзүлбөдү беле, сиз деле жакшы эле билесиз да аны. Ошондон айырмалуу болгонго кудуреттүүбү. Сиз тизмесин карап көрдүнүзбү. Баягы "дежур чалдар" деген сыяктуу сындарга кабылбайбы?

-Бул ким дежур чал - Турар Койчуевби же Ишенбай Абдыразаковбу, алар өз позициясы бар адамдар. Мен бир нече адамдарды билем, аларга жогору баа берем. Калгандарын билбейт экенмин. Менин мүмкүнчүлүгүм жок андай баардыгын билгенге туурабы. Бирок алар балким башка адамдар. Алар иштеп көрсүн, иштегенден кийн баа бере алабыз. Түзүлүп атат жаңы эле. Кандай регламент боюча, кайсы маселени карайт, кандай баа берет тигил бул маселеге, ошондо гана баа бере алабыз да. Жаңы төрөлгөн баланы кантип сындайбыз.

Ошон үчүн коомчулук азыр консенсустук демократя түзөбүз деп атабыз, коомчулуктун кызыкчылыгын да сактайлык. Коомчулуктун кызыкчылыгын чечимдердин негизинде өткөрөлүк деген максатта жок деп айтабы, же коомчулук бизде баардыгыбыз ойлогон чечимдер аткарылып атабы. Аткара албагандан кийин, ошондой бир инструмент механизмдерди чыгарып чыгып атпайбызбы. Килейген Россия дагы ошого барбадыбы. Алардын тажрыйбасы көрсөтүп атат, Коомдук палата иштеп кетти. Коомчулук палата азыр мамлекетке, элге пайда келтирип атат.

И. Исаков: “Президент элди эч качан укпайт”

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын башкы катчысы Исмаил Исаков: “Президент элдин пикирин эч качан укпайт. Ал канча жолу элге кайрылуу жасап чыкпасын, эл анын сөзүнө ишенбей калды,” деп эсептейт.

-Исмаил мырза, президент Курманбек Бакиев кечээ мамлекеттик телеканал аркылуу элге жасаган кайрылуусунда өлкөнүн келечеги үчүн конструктивдүү сунуш киргизген ар бир добушка кулак төшөөгө даяр экендигин билдирди. Сиз кандай ойлойсуз, муну бийлик оппозиция менен сүйлөшүүлөргө барып, чогуу иштөө максаты менен айтты деп түшүнүүгө болобу?

-Биринчиден, ар бир жарандын сөзүн угуп, көңүлүнө бекитүү президенттин башкы милдети болчу. Ал мамлекет башчы болгондон тартып, ошонун бардыгын аткарам, деп элге ант берген. Эми мына башкарып келе жаткан төртүнчү жылы муну айтып отурганы таң калычтуу.

Биздин партия өткөн жылдын ноябрь айында өкмөттүн курамы, аны кыскартуу, өкмөттүн милдети, бюджеттик каражаттарды чыгымдоону азайтуу боюнча президентке сунуш киргизген. Ошолордун бирине эле жооп берип коюп, анан бүгүнкүдөй сөздөрдү айтса, биз ынансак болот эле.

“Мына жооп бердик, мунуңар аткарылат, бул талабыңар жарабайт,” деп бир сөзүн айтышы керек эле. Эми түштөн кийин кайра минтип айтып отурганы ишенимсиз болуп жатат. Менимче бул дагы декларативдик гана сөз болуп калат окшойт. Президент элдин пикирин эч качан укпайт, себеби дегенде өзүнүн алдына катчылык түзүп алганы – өзүнө атайын пиар компания түзүп, аларды элдин эсебинен каржылап, дагы эле өз саясатын жүргүзүүгө аракет жасаганы. Бул ишке ашпай турган нерсе деген гана ишеним келип чыгат, себеби ишеничтен өздөрү капкачан эле калган.

-Президент кайрылуусунда ар бир адам улуттук кызыкчылыктар эмне экендигин таасын аңдоого тийиш деп айтып, аларды санап да кетти. Улуттук кызыкчылыктардын башында өлкөнүн бүтүндүгү деген сөз айтылды. Айрым саясатчылар президенттин сөзү өзүнүн ишине дал келбей жатканын айтып, мисалга чегарадагы жерлердин тарыхый документтерге жана элдин каршылыгына карабай коңшуларга берилип жатканын айтышууда. Сиз кандай дээр элеңиз?

-Өлкөнүн, жерибиздин бүтүндүгү – мамлекеттүүлүктүн биринчи милдети. Мамлекет тиешелүү аймагы, тили, чегарасы болгондон кийин гана мамлекет болот. Мына ошону төрт жылдан кийин сактайм, деп айтып жатышы дагы эле баягы сөз түрүндө гана айтылып жаткан сөз, иш жүзүндө бул жүзөгө ашпай калып жатат. Албетте, мамлекет болгон соң анын бир сантиметр жерин коргоп, сактап, эч кимге бербей, ал үчүн керек болсо жанды берүүгө аракет кылуу керек. Биз болсо сөз жүзүндө айтканыбыз менен ишти таптакыр башкача жасап атабыз. Мына азыр түштүктөгү көп жерлер коңшуларга өтүп кетиши ыктымал. Ошондуктан президенттин мындай “жердин бүтүндүгүн сактайм,” деген аракеттерин биз колдошубуз керек. Бирок иш жүзүндө бул жүзөгө ашпайт, деген гана ой-пикир туулуп калган.

-Сөзүңүзгө аралжы, өткөн жылы Казакстан менен чектешип турган жердеги Каркыра жайлоосунун көпчүлүк бөлүгү Казакстандын айрым бир жерлерине алмаштыруу иретинде берилип жаткан убакта коомчулук тарабынан каршылыктар болгон. Ошол тушта президентти сындагандар “Кыргызстандын жерин четинен кертип сатуу жагынан Курманбек Бакиев мурдагы президент Аскар Акаевдин жолуна түштү,” деп нааразы болушкан. Ал мезгилде сиз мамлекеттик кызматта коргоо министри болуп турган элеңиз. Үзөңгү-Кууш Кытайга берилип жаткан кезде катуу чыркырап, каршы чыккандардын бири Исмаил Исаковдун Каркыра Казакстанга кетип атканда өз пикирин билдирбөөсүнө эмне тоскоолдук кылды? Саясатка кийлигишпөөгө милдеттендирген кызматыңызбы же?..

-Ал жерде обьективдүү себептер бар. Анткени Каркыра тууралуу эки тараптуу документтерге да ошол мурдагы президент Акаев кол коюп, аны Казакстандын парламенти ратификациядан өткөрүп салган. Бүгүнкү бийлик аны жокко чыгарууга күчү жетпей, берип койду деп күнөөлөөгө бир жагынан болот. Ал эми экинчи жагынан ошол обьективдүү себептерди эл аралык нормалардын негизинде бир калыпка келтирүү максатында экинчи жактын жасаган кадамы болсо керек деп айтууга болот. Ошондуктан Каркыранын берилишинде Исаковдун күнөөсү бар, берип койду, деген сөз туура эмес. Себеп дегенде документтерге кол коюп, баарын бердирген Аскар Акаевдин учурунда болгон.

-Президенттин кайрылуусу анын өзүнүн бийлигин чыңдоо аракетин көрө баштаганынан кабар берген кайрылуу болду деген пикирлер айтылып жатат. Кошуласызбы?

-Албетте, бүгүнкү кайрылуусунда мамлекет башчы адам укуктарын сактоо боюнча, экономиканы көтөрүүнүн жолдору боюнча, укук коргоо органдарын реформалоо ыкмалары тууралуу айтса жакшы болмок. Анткени мындан төрт ай мурда эле элге жасаган кайрылуусунда ушул маселелер боюнча тез арада иш жүрөрүн айтып кеткен. Бирок бүгүн таптакыр тескери сөздөр айтылды.

Ошондуктан, президенттин кечээки кайрылуусу президенттин өз бийлигин гана бекемдеп, оппозициянын оозун жаап, аларга пикир айтууга шарт түздүрбөй коюуга аракет кылып жаткандыгын ачыктады. Бир эле мисал: президент кайрылуусунда саясий партиялар жөнүндө айтып кетти: “Реалдуу иш менен аракеттерин көрсөтсүн,” деп айтты. Бирок ошол партияларга реалдуу иш көрсөтүүгө бийлик мүмкүнчүлүк берип атабы? Жок! Укук да бербей атышат.

Мына “Ата Мекен” партиясы Таласка барып, эл менен жолугалы деген аракетине бийлик тоскоолдук кылып, душман тоскондой тосуп атты. Темир Сариев “Ак шумкар” партиясы менен өзүнүн элине барып жолугалы десе, анын артынан куугунтуктап жүрсө, Башкы прокуратура эскертүү берип атса, анан кантип, саясий партиялар өзүнүн ишин реалдуу көрсөтө алат? Ошондуктан, президенттин кайрылуусунда өлкөнүн өнүгүшүнө элди үмүттөндүрө турган кенедей бир үрөн да жок.

-Исмаил мырза, “Азаттыктын” угармандары үчүн маек куруп бергениңизге сизге чоң рахмат!

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG