Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 06:29

Кыргызстан

2 млрд. доллар кредиттен ким утат?

Орусия Кыргызстанга убада кылган 2 млрд. доллар кредиттин шарттары ушул айда такталып, меморандумга кол коюлары күтүлүүдө. Бул президент К. Бакиевдин ушул айга белгиленген Москва сапарына байланыштырылууда.

Кыргыз өкмөтү Орусия убада кылып жаткан кредиттин шарттарын президент Курманбек Бакиев январдын ичине болжолдонгон Москва сапарынын учурунда биротоло такташып келет деп күтүп жатат. Анын негизинде эки өкмөт меморандум кабыл алмакчы. Кредит боюнча буга чейин премьер министр Игорь Чудинов Москвада Орусия өкмөт башчысы Владимир Путиндин убадасын алып кайткан.

Чудиновдун 17-декабрда парламентте билдиргенине караганда, кредиттин 300 миллион долларын Орусия бюджетти колдоого 40 жылга, ал эми калган 1 млрд. 700 миллион долларын энергетикалык курулуштар үчүн деп, түз инвестиция түрүндө 15 жылга бергени жатат:

- Интеграциялык жараяндардын алкагында бул маселе ЕврАЗЭШте эки жыл бою талкууланды. Бүгүн биздин өлкөнү өнүктүрүү стабилдүүлүгүнүн алдында коркунуч турганда Орусия ушундай кадамга баруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Ушинтип билдирген Чудинов парламентте Путин менен болгон Москва жолугушуусунда кредитке байланган эч кандай саясий маселе талкууланбаганын белгилеген. Анткен менен Орусиянын каржы министрлигинин жооптуу кызматкеринин маалымат каражаттарына айтканына караганда, жеңилдетилген кредит берип аткан Орусия анын шарттарын кароодо өз кызыкчылыгын сөзсүз эске алат.

Талдоочулар Орусия ириде Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна өз үлүшүн кошуп, аны экспорттоого келгенде Кыргызстандын экономикасына сөзсүз киришет деп жатышат.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев Орусияда саясий үч кызыкчылык – экономикалык, саясий, аскерий кызыкчылыктар бар деп эсептейт. Ага жараша Орусия экономикалык жактан Кыргызстандын энергетикалык тармагынан пайда көрүү, саясий жактан Борбор Азиянын катарында Кыргызстанды өзүнө биротоло буруу, аскерий жактан Канттагы базасы аркылуу Иран, Ирак, Ооганстан, Борбор Азия өңдүү мамлекеттерге таасир этүү, базасы Кыргызстанда турган АКШга кыр көрсөтүү максатын көздөп жатат дейт талдоочу:

- Орто Азия өлкөлөрүн жоготуп коюп, ыктаары жок калганда аргасыз бизге 2 млрд. долларды жардам сыяктуу беримиш болуп, бизди өзүнө тартууга аракет кылып атат. Орусияны боордошум, досум деп түшүнбөш керек. Бул кадимки эле саясат.

Талдоочу ушул жагынан алганда Кыргызстан атаандаш АКШ менен Орусиянын ортосунда жабыркап калуу коркунучу бар деп кооптонот. Ушундай эле көз карашты тутунган эксперттер Кыргызстандын бийлигин ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга чакырып жатышат.

Экономист катары Сарыбаев кандай жагдай болбосун Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгы үчүн азыркы кысталыш кезде Орусиядан жеңилдетилген кредит алуунун зыянынан пайдасы артык деп эсептейт.

Мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиев Кыргызстандын Орусиядан дегеле кредит алышын каалабагандардын катарында турат:

- Албаш керек. Канчалык жеңилдетилген кредит болсо деле бул мамлекеттин мойнуна жүк болот.

Экинчи жагынан чоң акчаны алгандан кийин Кыргызстан дүйнөдө эң таасирдүү өлкө болгусу келип жаткан Орусияга байланууга аргасыз болот дейт Муралиев. Мурдагы премьер-министрдин оюнда, энергетикалык курулуштар кредиттин эсебинен эмес, инвесторлорду тартуу аркылуу курулушу керек. Экс-премьердин көз карашында, Орусия кредит бергендин ордуна карыздарды жоюп койсо, Кыргызстанга көбүрөөк пайда болмок.

Кошумчалап койчу жагы – Кыргызстандын тышкы карызы 2,4 млрд. долларды түзөт. Анын ичинде Орусияга карызы 170 миллион доллардан ашык. Бул карызды жоюуга байланышкан орус-кыргыз өкмөттөрүнүн ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

Өкмөт патент акысын көбөйттү

Жаңы жылдан тарта ыктыярдуу патент акы катары алынчу салык өлчөмү көбөйтүлөт. Өкмөттүн ушундай токтомуна өткөн жылдын аягында кол коюлуп, Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетине жыл ичинде патент акысы катары алынчу салык өлчөмүн тактап чыгуу милдети тапшырылды.

Өкмөт жыл кур эмес патент акы төлөөчүлөрдүн катарын азайтып, салык өлчөмүн көбөйтүп келатат. 2009-жылы ишкердиктин 71 түрүнө гана патент менен иштөөгө уруксат берилет. Мурда патент акынын түрлөрү 138 жетчү. Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орунбасары Адылбек Касымалиевдин айтуусунда, өкмөт тарабынан белгиленген негизги салык өлчөмү жаңы Салык кодексине ылайык аныкталат.

- Салык комитети бүт республика боюнча патент өлчөмүн коюп чыгат. Андан кийин жылдын ичинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, бизнес түзүмдөрүнүн ассоциациялары менен чогуу хронометраж жүргүзөбүз. Ошолор менен чогуу аныктайбыз. Салык комитети өзү эле чечип койду дебесин үчүн үч орган биригип, хронометраж жүргүзүп, эсептеп, киреше менен чыгашасын чыгарып, анан ошондон кийин салыкты чыгарып беребиз,- дейт Адылбек Касымалиев.

Патент акыдан түшчү салык көлөмү жалпы жыйымдар менен салыктардын катарында анчалык деле көп эмес. Айталы, жалпы республика боюнча салыктардан эле 18 миллиарддын тегерегинде акча чогултулса, анын 300 миллиондой сому мына ушул патент акылардан түшөт.
Каржылык кризис токтолбой турган чакта патент акынын кымбатташы соода-сатык менен алектенгендердин көбүн башка иш издөөгө түртөрүн, коңшу өлкөлөрдөн келчү кардарлар азайганы айтылуу “Дордой” базарында отургандарды да катуу ойлонтуп жатканын жекече ишкер Гүлнара Кушбакова ырастады.

- Быйыл, мисалы, менин өзүмдө канча товарым өтпөй калды. Ошонун баары контейнерде. Кышкы товарларымды такыр саталбай калдым. Себеби Өзбекстанда, Казакстандан кардарлар келе алышкан жок. Келгендери сатып беребиз деп алышты. Алардын акчасын да толук чогулта элекмин. Азыр менин кытайга карызым аябай көп. Мен ошону толук чогултуп бергенге аракет кылып жатам. Бирок алардын жөнөткөн товарын да толук саталган жокмун.

Г.Кушбакова дүйнөлүк каржы кризисинин кээри Кыргызстанга алдагачан жеткенин, өз алдынча ишкерлердин кыйласынын амал-аргасы куруп, башка ишке өтүүнү ойлонуп жатышканын маалымдады.

- Эмне кылсак, мугалимдикке барсакпы, дарыгерликкеби, өзүбүздүн мурунку кесибибизди ойлоп калдык. Себеби ал жерде товарга сарптаган акчабызды кайра кайтарып алалбай, сатылган товарлардын акчасын чогулта албай калып жатабыз.

“Дордой” базарындагы өтүмдүү делген жерлерде соода кылгандар менен четирээк жагында иштегендердин патент акысы айырмалуу. Базардын четирээк жеринде соода кылган Динара Жакыпова да базарга келчү кардарлардын катары кийинки кездери кыйла азайганын ырастады.

- Соода такай эле болуп жаткан жери жок. Учуруна жараша болот. Биз мисалы, күзгө чейинки учурду күтүп олтурабыз. Жазда-жайында андай деле жакшы соода болбойт. Азыр ыйлактаган эле эл. Биздин го өзүбүздүн контейнерибиз бар экен. Башкалар дунган, уйгурлардын контейнерине ижара акы төлөп отурушат. Элге эле кыйын болот орто жолдо.

Өкмөт токтомунда белгиленген негизги салык өлчөмү бекитилип калчу болсо эң кымбат патент акы жайкы эс алуу учурунда зоок буюмдарын, унаасын пайдаланууга бергендердики болот. Алардын патент акысы 25 000 сомдун тегерегинде болушу ыктымал. Ошол эле базарлардагы күркө, павильон, контейнерлерде буюм-тайым саткандардын патент акысы 15 000 сом, аң териден тигилген кымбат кийим сатуучулардын патент акысы 10 000 сом деп белгиленген. Патент акынын эң төмөнү гезит, сүт саткандар үчүн белгиленген, 500 сом. А негизи көпчүлүк жеке ишкерлер үчүн патент акы 2 миң, 3 миң сомдон ашпайт. Өкмөт токтомунда патент менен иштегендердин айрымдарынын жүгүртүүдөгү каражаты кошумча нарк салык чегинен ашып кеткен учурлары аз эместиги белгиленип, аларды эсепке алуу кыйынга туруп жатканы айтылган. Кошумча нарк салык чеги катары өткөн жылы ошол эле өкмөт токтому менен 4 миллион сом көрсөтүлгөн.

Ош: Жарыктан үмүт үзгөндөрдүн жаңыча ыкмасы

Ош шаарында жарыктын тынымсыз өчүрүлүшүнөн улам үйдө үшүбөй отуруунун түркүн амалын ойлоп тапкандар көбөйдү. Жаш аялмет үй-бүлөлөр арасында кадимки кабаттуу үйгө айласыз меш куруп алгандары да бар.

Ош аймагында он күндөн бери суук катуу болууда. Жарык баштагыдай эле суткасына милдеттүү түрдө он эки сааттан өчүрүлүп жатат. Шаардагы айрым кабаттуу үйлөрдөн кадимки эле мештин моору чыгып, буркурап түтүн булап жатканын көрүүгө болот.

Мирлан Шабаев аттуу тургун да бешинчи кабаттагы квартирасына меш коюп, көмүр калап балдарын жылытып жатат:

-Он жылдан бери үйгө жылуулук берилбейт. Жылда жылыткыч печка колдонсом, быйыл жарык өчкөнүнө байланыштуу кадимки эле темир печка орноттум. Жаш балам бар, ал үшүбөй калды.

Дагы бир жаш үй-бүлөнүн кожоюну Асылбек Сеитов кыштан үшүбөй чыгуунун башкача жолун таба алды. Жарык өчүрүлөр замат ал эки айлык маянасын топтоп сатып алган газ печкасын жага коет экен:

-Жылуулук жок. Айласыздан Кытайдан чыккан газ печканы 9500 сомго сатып алдым. Жарык өчүрүлөрү менен аны саям. Балам-чакам суукта ооруп кыйналды. Бирок бул жылуулук гана бере алат. Тамак бышырыш өзүнчө азап.

Кышты утурлап өлкө башчысы баш болгон бийлик өкүлдөрү элди кышка жакшы камданууга чакырык жасашкан эле. Ошол кезде президенттин сөзүн эки кылбай, жетээрлик тезек жыйнап, алдын ала эскерткени үчүн президентке ыраазычылык билдиргендер да жок эмес.

-Мен президенттин айткан сөзүн угуп, Алайдын көмүрүнөн эки тонна сатып алып, азыр жыргап жашап жатам. Президент айтпады беле, көмүрүңөрдү отунуңарды, тезегиңерди камдагыла деп. Аны да туура тушунуш керек да.

Адылбек Батыралиев белгилеген өлкө башчысынын кыштан чыгуу ыкмасын, шаарда көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар аткара алышкан жок. Ошон үчүн жаңы эле үй-бүлө курган Айбек, чөнтөгү жукалар үчүн үйдү жылуу кармоонун өзүнүн ыкмасын ойлоп тапты:

-Жарык өчкөндө жылыткыч печкабыз да өчүп, үй заматта муздайт. Биз газга көп суу кайнатып туруп, кадимки эле жел шишелерге (боклашка) кайнак сууну куюп, бөлмөлөргө таштап коебуз. Жата турган жууркандарына да таштап койсоң, жылуулукту бир кыйла кармайт экен. Жок дегенде уктаганча үшүбөй туруунун айласы да.

Деген менен бардык эле шаардыктар үшүбөй калуунун түрдүүчө ыкмаларын колдоно билишпейт же ага да чамалары чак. Ушундан улам балдары тынымсыз суук тийип ооруп, чүрпөлөрүн кыш ичи аргасыз алыскы айылдарга жөнөткөндөр арбын.

-Мен эч эле жолун таба албай койдум. Алыскы айылдарга жөнөттүк бала-чакабызды. Бала-бакчада да, үйдө дагы жарык өчүп алар абдан эле кыйналып калышты. Кыш ичи айылда, көмүр бар жерде жүрүп келишсин.

Ошентип ызгаардуу суукта жарыктын жоктугу айрыкча шаардагы көп кабаттуу үйдө жашагандарды азапка салгандай. Ошондуктанбы, ашканага же балконго меш кура салып, же баклашкадагы ысык сууну жуурканга ороп, айтор суукка тоңбой жашоонун түрдүүчө жаңы ыкмаларды пайдаланган эл чамасы аргасыздан эпчил боло баштады көрүнөт.

Кыргызстандык футболчу Казакстанда мыкты аталды

Ушул тапта Казакстандын намысын коргоп жүргөн алатоолук футболчу Эмил Кенжесариев мыкты спортчулардын катарына кошулду.

Казакстандын футбол федерациясы 2008-жылдын жыйынтыгын чыгарып, натыйжада футболчу Кенжесариев мыкты коргоочу наамында үчүнчү орунга татыды. Ошондой эле ал мыкты жаш футболчу номинациясы боюнча дагы алдыңкы үч спортчунан катарына кирди.

“Жергиликтүү бийликтердин колдоосу жок кыргыз футболу өспөйт”

2008-жылдын декабрь айынын этегинде “Дордой-Динамо” футбол клубунун оюнчуларына сыйлык тапшыруу аземи өттү.

Бешинчи ирээт Кыргыстандын чемпиону аталган Нарындын футболчулары алтын медаль менен сыйланышты. “Дордой” клубундагы Руслан Сыдыков жылдын мыкты спортчусу аталды. Ал эми мыкты чабуулчу наамына Мирлан Мурзаев татыды. Жылдын жарым коргоочусу Вадим Харченко, ошондой эле бомбордири болуп Девид Тетте аталды. Ошондой эле бул клубдун беш футболчусуна спорттун чебери деген наам ыйгарылды.

Дордой-Динамо клубунун президенти Аскар Салымбековго кыргыз футболун көтөрүү үчүн спорттун бул түрүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү колдоого алыш керектигин, ансыз ийгиликтер болбосун айтты:

- Жогорку лигадагы оюндарга ар бир облустан командалар катышса жакшы болмок эле. Мисалы, Баткенде Кызыл-Кыя деген чоң шаар бар, менимче алардан жакшы команда чыкмак. Кара-Балта, Токмок, Балыкчы шаарларынын намысын коргогон клубтар пайда болсо футболдун өсүшүнө түрткү болмок. Чиновниктер карап, бийлик өкүлдөрү көңүл бурса деген эле тилек.

А. Салымбеков Футбол федерациясынын ишин дурус деп баалап, бирок дагы жасачу иштер бар экенин кошумчалады:

- Федерация колунан келген аракетин жасап жатат. Маркетингди билген, футбол менеджментин түшүгөн балдарды ишке алуу керек. Мисалы, Пакистандын федерациясы эл аралык турнир өткөрүп үч жүз миң доллар пайда табышты. Биздин федерация кайдан акча тапса болот, кандай турнирлерди өткөрүү керек, кайсы футболчуларды чет өлкөдө ойноого сатсак болот деген суроолордун тегерегинде иш жүргүзүп, киреше тапса болот.

Биз азыр “Дордой-Динамо” клубунун багытын ушул тармака бурсак деп турабыз. Молдавия, Грузиянын футбол командалары жаш футболчуларды тарбиялап, аларды бөлөк клубтарга сатып чоң кирешелерди табышуулда. Бизге азыр Африка өлкөлөрүнөн, Шри-Ланка, Казакстан, Орусиядан оюнчулар келишүүдө. Жакында аларды “Шериктештик” кубогуна алып барабыз. Жакшы оюнчуларыбызды башка бай командалар алабыз десе эмнеге бербешибиз керек? Футболчуларыбыз башка клубтарда ойногону менен чоң мелдештерде Кыргызстан курамасынын намысын коргошот.


  • 7-8-январда Тамга айылында фехтования боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт.
  • 8-9-январда ок атуу боюнча Рождество майрамына арналган мелдеш, Панфилов сейил багында уюштурулат.
  • 9-11-январда Борис Гендлердин элесине арналаган шахмат турнири болот.
  • 10-январда футбол боюнча Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кышкы чемпионаты башталат.
  • 11-январда Дене тарбия жана спорт академиясынын спорт борборунда Кыргызстандын көз карандысыз баскетбол ассоциациясынын чемпионаты өтөт.

Дүйнөлүк спорттон учкай кеп:

Спорт журналисттеринин Эл аралык Ассоциациясы Бээжин Олимп оюндарынын чемпиондору Усейн Болт менен Елена Исинбаеваны 2008-жылдын эң мыкты атлеттери деп аталды.

Жылдын эң мыкты командасы наамына 2008-жылкы Европа чемпионатын жеңип алган футбол боюнча Испанияны курамасы татыктуу болду.

Ямайкалык жеңил атлет дүйөлүк рекорддун ээси, Бээжин оюндарында 3 алтын медаль жеңген Усейн Болт ошол эле Олимп оюндарында эң жогорку 8 байгеге ээ болгон АКШлык сүзүүчү Майкл Фэлпстен 2,5 % көбүрөөк добуш алып мыктылардын топ башына чыкты.

Жылдын эң мыкты беш спортчусунун катарына эркектер арасында Испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль, "Манчестер Юнайтеддин" жарым коргоочусу португалиялык Криштиану Роналду жана “Формула-1” жарышынын чемпиону британиялык Льюис Хэмилтон кирген.

Аялдар арасында болсо, Бээжин оюндарында алтын медалды кезектеги дүйнө рекордун жаңыртуу менен жеңип алган Орусиялык атлет Елена Исинбаева эң мыкты болуп аталды.

Алдыңкы беш спортчунун катарына 800 метр аралыкта чуркоодо Олимпиада чемпиону жана “Алтын лига-2008” байгесинин жалгыз ээси кениялык Памела Джелимо, сербиялык теннисчи Елена Янкович, беш жана он миң метрге чуркоо боюнча Олимпиада оюндарынын чемпиону эфиопиялык Тирунеш Дибаба жана сууда сүзүү боюнча олимпиаданын эки жолку чемпиону австралиялык Стефани Райс киришкен.

Ошондой эле 2008-жылы эң мыкты уюштурулган беш мелдеш аныктады. Бул Бээжин Олимп оюндары, футбол боюнча Европа чемпионаты, Уимблдон теннис турнири, "Тур де Франс" веложарышы жана жабык имараттардын ичиндеги жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионаты. Белгилей кетсек, сурамжылоого жүзгө жакын өлкөдөн беш жүздөн ашык спорт журналистти катышкан.

Дүйнөлүк жаңы колониализм карааны

Кытайлык компаниялар чет жактан миңдеген гектар жерлерди сатып алууда.

Айыл чарба кылууга жери жетишсиз өлкөлөр чет өлкөлөрдөн жер сатып ала баштады. БУУнун айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүү уюмунун башчысы Жак Диуфтун айтымында, дүйнөдө “жаңы колониализмдин” карааны пайда болду.

Акыркы жылдары чет өлкөлөрдүн жерин өтө чапчаңдык менен сатып алып жаткандар – Кытай, Түштүк Корей, Жапон, Сауд Аравия жана Бириккен Араб Эмираттарынын компаниялары болууда. Маселен, кытайлык компания өткөн жылдын 9 айынын ичинде эле Африкадан, Бирмадан, Түштүк Америка менен Түштүк Чыгыш Азиядан жана Борбор Азиядан миңдеген гектар жерлерди сатып алды.

Кытай сатып алган жерлерден алынуучу азык-түлүктөр менен өз элин эле камсыздап тим болбостон, ошол жерин сатып алган өлкөлөрдүн өзүнө жана башка өлкөлөргө өндүргөн продуктуларын экспорттоону да ойлонуштуруп жатат. Кытай алтургай 21,4 млн. долларга Орусиядан 80,4 миң гектар жер сатып алып, алгачкы түшүмүн ала баштады,- деп жазды “Жаңылыктар” маалымат булагы.

Мына ошентип байманасы ашып- ташкан өлкөлөр ушинтип чет өлкөдөн жер сатып алуу иштери менен шугулданып, акырындап жергиликтүү элдин өзүн жер үлүштөрүнөн ажыратып, дыйканчылык рыногунан сүрүп чыгарганга чейин барышы мүмкүн дешет байкоочулар.

Кыргызстанда өкмөт башчысы Игорь Чудинов “Ишкердик жүргүзүүнүн түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттик негизге салынуучу салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө” токтомго кол койгондугун өкмөттүн басама сөз кызматы билдирди деп кабарлады “Бизнес Акипреss” маалымат агенттиги. Өкмөттүн түшүндүргөнүнө карасак, буга чейинки көп тараптуу патент системасы ишкерлердин бухгалтердик эсеп-кысап жүргүзүүдөн баш тартуусуна алып келген, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларын аныктоого кыйнычылыктарды жараткан, бюджеттик жоготууларга шарт түзгөн.

Эми мындан ары жаңы Салык Кодексинин 353-статьясына ылайык саткандан да, саткандан кийинки түшкөн кирешеден да салык төлөнө баштайт. “Бизнес Акипреss” маалымат агенттиги бул кабарга улай эле патенттик салык салына турган ишкердиктин түрлөрү боюнча аталыштардын таблицасын да жарыялады.

“Борбор Азия” РУ маалымат агенттиги жаңырган 2009-жыл жумушчу күчтөрүн экспорттоп келаткан өлкөлөр үчүн бир топ сыноо жылы болот деп жазды. Мындай өлкөлөрдүн катарына – Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан кирет. Орусия 2009-жылы мандикерликке болгон үлүштү эки эсеге кыскарта тургандыгы тууралуу былтыр Путиндин оозу менен жар салган. Мындан аз убакыт өтпөй Казак өкмөтү да чет элдик жумушчу күчтөрдүн үлүшүн 2,4 пайызга дейре кыскарта тургандыгын маалымдаган.

Ошентип “жыргаганымдан жылкычы болупмунбу” дегендей Орусия менен Казакстан мындай чечимди жыргагандарынан эмес, дүйнөлүк финансы кризисинен улам алууга мажбур болушууда. Орусиянын эмгек министрлигинин өткөн жылдагы билдирүүсү боюнча эле октябрдан бери карай 53 миңден ашуун орус жарандарынын өзүлөрү өз жеринде жумушсуз калган.

Ал эми Кыргызстан Орусияга жыл сайын 300 миңден 400 миңге чейин адамын экспорттоп турат. Ырасмий эмес маалыматтар боюнча бул санды дагы экиге көбөйтсө болорун айтышат. Айрым байкоочулардын оюнча, биринчиден, Кыргызстан коңшу Өзбекстан менен Тажикстан сыяктуу эле чет өлкөдөн агылып келе турган өз жарандарын кабыл алууга даяр эмес.

Экинчиден, кайтып келгендер өз өлкөлөрүндөгү жумушсуздардын армиясын толуктайт жана аймактагы саясый-социалдык каатчылыкка, туруксуздукка алып келет.


Үчүнчүдөн, мына ошол мандикенрлердин бюджетке кошуп келаткан акча булагы азаят. Маселен бир эле Тажикстандын улуттук дүң продуктусунун 10 пайызга жакынын эмгек мигранттары толтуруп келген. Өзбекстан менен Кыргызстандын бюджети да оңой эмес пайда көрүп турган. Эми бул өлкөлөр үчүн чынгы сыноо башталганы калды деп баяндалган анда.

Уй жылы Кыргызстан үчүн кандай күтүүсүз окуяларды даярдап жатты экен? Аналитиктер менен эксперттер жыл жаңырары менен эле ушул суроолордун үстүндө баш катыра башташты деп баяндады журналист Александр Токмаков “Кыргызстандын өнүгүү келечеги анча эмечс” аттуу макаласында “Борбор Азия” РУ маалымат агенттиги аркылуу.

Өткөн 2008-жыл Кыргызстан үчүн саясый жактан бир топ тынч жылдардын бири болду. Болгону жыл аяктап баратканда гана оппозициялык партиялар бийликке каршы чечкиндүү программалар менен чыккандыгын жар салышты. Белгилүү саясат иликтөөчү Нур Омаровдун пикиринде, бул жылы деле бийлик саясый атаандашсыз жеке базар бийлөөчүлүк жосунун дагы бекемдейт. Азыркы бийликке бириккен оппозициялык кыймыл деле реалдуу каршылык кыла албайт.

Кабарчынын: “Президент Бакиев бул жылы кандай аракеттерди көрүшү мүмкүн? Ал мурдагысындай эле оппозицияны бөлүп-жаргыч адатына өтөбү, бирөөсүнө кызмат бере коюп, бирөөсүнө кылмыш ишин козгото коюп дегендей?” деген суроосуна Нур Омаров: "ооба президент ушундай иштерди жасап келатат. Бирок турмуш көрсөткөндөй бул деле оппозицияга ойлогондой таасир бере алган жок. Анын үстүнө 2010- жылкы президенттик шайлоо да босогого кирип келди, мына ушуга байланыштуу президент эми жогорудагыдай кадамдардан баш тартышы мүмкүн",- деп айтты.

Өлкөнүн сациалдык-экономикалык жагдайы чындыгында эле көңүл жубатарлык эмес. Өкмөт бардыгын эл үчүн жасап жатабыз деп ишендиргиси келген менен реалдуу жашоо-турмуш такыр башканы көрсөтүүдө. Эгер абал улам оорлой берсе ушул жылдын февраль-март айларында эл өзү эле көчөгө чыгып кетиши мүмкүн. Бирок оппозиция дагы эле элдин массалык колдоосуна ээ эмес.

Ал эми дагы бир саясат иликтөөчү Марат Казакбаев: "оппозиция акыры көп жылдардан берки оңду-солду кадамдарын токтотуп, реалдуу күч болуп бирикти, бир тарабында – Текебаев, Сариев жана башкалар турса, бир тарабында – Бекназаров, Тургуналиев баштагандар турат. Булар биринчи жолу лидерлик амбицияны кое туруу керектигин түшүнүштү. Муну менен оппозиция туура иш жасады. Эми ал абдан айкын жолго чыкты, демек быйыл бийлик өтө олуттуу оппозицияга ээ болгону калды",- деп айтты.

“Кабар” маалымат агенттиги, “Мигранттардын балдары менен орус билим берүүсү жалпы тил табалбай жатат” деген макала жарыялады. Акыркы жылдары Орусиянын калкынын саны тыштан агып кирип жаткан эмгек миграттарынын эсебинен өсүүдө. Бирок алдардын окуу курагындагы балдары дагы эле көптөгөн кыйынчылыктарды жаратууда.

Мисалы, Кыргызстандан келген мигранттардын балдарын Орусиянын мектептери кучак жайып тосуп ала койгон жери жок. Ушу тапта бир эле Маскөөнүн мектептеринде чет элдик мандикерлердин 30 миңге жакын балдары билим алууда. Бирок тилекке каршы алардын көбү орус тилин билбегендер.

Айрым аналитиктер, чет элдиктердин мындай миллиондогон билимсиз балдарынын орус элинин каада-салтына, жашоо шартына ылайыкташуусу өтө жайбаракаттык менен жүрүп жаткандыгын, эгер мындай көрүнүш ушул калыбында кала берсе 15-20 жылдан кийин Маскөөнүн айрым райондору Париждин чет жакасындагы баш ооруга туш болорун айтышууда.

“Борбор Азия” РУ маалымат агенттиги ташкендик жазуучу Евгений Абдуллаевдин “Улуу ага болуунун кеч-күүгүмү. Борбор Азияны орустардын ээлешинин мааракесине карата” деп аталган макаласын окурмандарга сунуш кылды. Макалада мындан 140 жыл мурда же 1868-жылы адегенде Орусия Бухар эмираты менен, андан кийин Кокон хандыгы менен тынчтык келишимге кол койгонун, ошентип орустар анча көп чыгымга учурабастан эле Германия менен Франция, Австрия менен Венгрияны кошуп алгандагыдай аймакка ээлик кылып калгандыгы, ошондон тартып Борбор Азиянын СССР таркаганга чейинки тарыхы, кечээгиси, азыркысы, келечеги тууралуу сөз кылган.

Компьютердик оюндар балдардын аң-сезимин бузат

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жакын арада компьютердик оюндардын кесепетин талкуулашат. Алар акыркы убакта балдардын компьютердик оюндарга көбүрөөк азгырылып жатышынын кесепеттерин карашат.

2007-жылдын этегинде шаардык депутаттар окуучулардын сабак учурунда компьютердик клубдарга барышына тыюу салган токтом кабыл алган. Анда 18 жашка жете элек балдар сабак учурунда жана кечки жетиден кийин компьютердик борборлорго жана оюн автоматтарына кирүүгө тыюу салынары белгиленген. Бирок токтомду Адилет министрлиги ишкерлердин укугуна шек келтирет жана Конституцияга каршы келет деп каттабай койгон. Бишкек шаардык кеңештин маалымат-катчысы Чынара Усупбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, жакын арада ушул багытта талкууну шаардык кеңештин депутаттары өткөрмөкчү. Жыйында Баш мыйзамга каршы келбегидей кылып дагы бир токтом кабыл алуу аракети көрүлөт.

- Ата-энелер коому жана мугалимдер окуучулардын окуу убагында да оюн автоматтарына кирип, сабакка катышпай калган учурлары көп кездешип жатканын айтышып, ушул багытта кандайдыр бир программа кабыл алууну өтүнүп кайрылышкан эле. 2007-жылдын этегинде шаардык депутаттар окуучулардын сабак учурунда компьютердик клубдарга барышына тыюу салган токтом кабыл алган. Бирок токтомду Адилет министрлиги ишкерлердин укугуна шек келтирет, Конституцияга каршы келет деп каттабай койгон.

Дастан менен Алексей үйлөрүндө компьютер болгонуна карабай компьютердик клубдарга кез-кези менен кирип турушат. Анткени бир оюнду жалгыз ойногондон көрө эки же үч киши ойногон кызыктуу дешет алар. Саатына 20 сомдон жогору төлөп, 2-3 оюн ойногон Дастан кээде ата-энесинен тил укканын айтат.

- Биз көбүнчө үйдө ойнойбуз. Кез-кезде компьютердик клубдарга келип ойноп кетебиз. Анткени, эки-үч киши болуп ойногон кызыктуу, бизге жагат. Ал жакта тыюу деле салбайт. Мисалы, саатына 20 сомдон жогору. Акчасын берсек киргизе берет. Кээде көп ойноп ата-энемен тил угам. Бирок, оюн автоматтарына барбайм.

Бишкек шаарынын тургуну, журналист Аймира Мендеева эки баланын энеси. Эки баласы тең мектепте окуйт. Ал балдары компьютердик клубдарга барбаса да, эне катары бул маселеге мамлекеттик деңгээлде көзөмөл зарылдыгын белгилейт.

- Бийлик, өкмөт тараптан балдардын оюн автоматтарына, клубдарга баруусуна чектөө салып, көзөмөлгө алуусу керек. Бул балдардын билим алуусууна абдан тоскоол болууда. Компьютердик оюндарга, ар кандай клубдарга кирип атып эле балдар окууларын таштап салып, психологиясына да таасирин тийгизип жатат. Ушундай жайларда жүрүп эле же китеп окубай, же кызыктуу пайдалуу иш менен алектенбегендeн кийин аң-сезими да өспөй калууда. Башкача айтканда деградацияланып кетип жатат. Оюн автоматтары балдардын келечегине чоң зыян алып келет деп айтаар элем. Ата-энелердин бардыгы эле ушул ойду колдошот болуш керек. Бул балдар үчүн өзүнчө эле оору болуп калды.

Ал эми № 70 мектептин мамлекеттик тил боюнча директирдин орун басары Динара Айдаралиева мугалим катары мындай токтомдун чыгуусун колдойт. Анын айтымында, бир убактарда окуучулар тобу менен компьютердик борборлорго кирип, сабакка катышпай калышкан. “Ушул тапта балдардын сабактан качып ойногон массалык көрүнүш басаңдаганы менен, мыйзам чегинде кандайдыр бир кагазга таянган жакшы”, - дейт Динара Айдаралиева.

Бишкек шаарындагы оюн автоматтардын биринин кызматкерлери айрым учурда аларга окуучулар да баш багып, кантип, кандай ойноону көрсөтүүнү суранып, кызыккандар да болоорун айтышат. Бирок бул жайда 21 жаштан жогорку гана жарандар кире алат деген тартибине карап алар окуучуларды киргизбейт. Кызматкерлердин айтымында, айрым учурда бул жерге ата-энелер өздөрү келип, баласын киргизбөөнү өтүнүп, баласынын сүрөтүн таштап кетишет.

- Биз алгач паспортун текшерип анан киргизебиз. Эгер жаш балдарды оюнга отургузганыбыз үчүн көп жооп берип калабыз. Ал үчүн айып пул төлөп, айлыгыбызды албай калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан мектеп окуучуларын киргизбейбиз. Бизге 21 жаштан жогору жаш балдар, студенттер, анан чоңдор келет.

Психологдордун айтымында, оюн автоматтары же компьютердик клубдарга көбүнесе 12-16 жашта берилип кетүү коркунучу бар. Адистер ата-энелерге ушул жаштарда балдарды көбүрөөк көзөмөлдөөнү сунуш кылышат жана оюнга, кумарга берилген бала алгач көп сүйлөбөй, жоопкерчилиги жоголуп, анча-мынча алдаганды үйрөнө баштайт дешет. Оюнга баш-оту менен кирип кеткен баланы кадимки оорулуу катары даярылоо зарылдыгын белгилеген психологдор, эң жакшы жолу алдын алуу экенин эскертишет.

Тайгак жолдо кырсык көп тооруйт

Учурда жолдор тайгак болуп туз, кум себилбегендиктен жол кырсыктары арбын болууда дешет айдоочулар. Бишкектеги «Тазалык» ишканасынын жетекчилери күнүнө көчөгө 320 тонна кум себилип жатканын айтышууда.

Бишкек шаардык МАИ башкармасынын жетекчиси Токтосун Сатаровдун маалыматына караганда борбордо жолдун карын тазалоочу техника жетишсиз. Ошондуктан жолдор учурунда тазаланбагандыктан жана кум-туз себилбегендиктен жол кырсыктары болууда:

-Өлкөдө жолдун карын тазалоочу техника жетишпейт. Алардын 40 пайызы гана иштеп жатат. Транспортту катуу ылдамдыкта айдоо, айдоочулар машиналарын кышка даярдабаганы, коопсуздук курду тагынбаганы кырсыктардын көп болушуна себепкер.

Бишкектик айдоочу Тимур Асановдун айтымында учурда борбордук көчөлөргө гана кум, туз себилип, башка жолдорго кум, туз себилбей, кары күрөлбөй жатканы кырсыкка себепкер болууда.

Бишкектин тургуну, сүрөтчү Алмаз Кудайбергеновдун баамында өкмөт үйүнүн айланасы, Алатоо аянты жана борбордук дүкөндөрдүн жанындагы кар тазаланып, борбордук көчөлөргө гана кум себилип, башка жолдор кароосуз, тазаланбай калууда.

Айдоочулардын мындай айыптоосун Бишкек шаардык “Тазалык” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Рысбек Сарпашев четке каргып, жолго себилүүчү кум, туз жетиштүү даярдалып, күнүгө 320 тонна кум себилип жатканын “Азаттыкка” билдирди:

-16 кар тазалоочу жана 9 кум жана туз себүүчү машина иштеп жатат. 3 миң 900 тонна кум даярдалган, ошондой эле 363 тонна туз жолго чачуу үчүн даярдалган. Мындан сырткары да кошумча техникалар иштеп жатат. Чынында эле негизги көчөлөргө кум, туз себилгени менен башка көчөлөргө жетише албай жатабыз. Техника жетишсиз болууда. 50-60 техниканын ордуна 25 гана техника иштеп үлгүрбөй жатат.

Өлкөнүн акыйкатчысы Турсунбек Акун Бишкектин айрым көчөлөрүндөгү кар тазаланбай, тайгалактан жол кырсыктары болуп жатканын сынга алды. Акыйкатчынын пикиринде Транспорт министрлиги жана Бишкек мэриясы жол салыгын алгандан кийин кышкысын жолдордун кесилиштерине кум, туз сээп, карын тазалап, кышка мурдатан даярдык көрүүсү зарыл болчу.






Москвада эки кыргыз жигити киши колдуу болду

Жаңы жылдын түнүндө Москвада эки кыргызстандык бычак жеп, ажал табышкан. Бул окуянын чоо-жайы тууралуу Орусиядагы кыргыз элчиси Райымкул Аттокуров “Азаттыктын” Москвадагы кабарчысына кеп салып берди.

Р.Аттокуров: - 31-декабрдан 1-январга караган түнү эки жараныбыз, Ош областына караштуу Кара-Суу районунун Агартуу аттуу айылынын тургундары: 25 жаштагы Мамазаиров Дастан (Кыргыз Республикасынын жараны) жана 27 жаштагы Мамазаиров Сталбек (Орусия Федерациясынын жараны) түн жамынып дүкөнгө чыгышкан сыяктанат. Дүкөндүн алдында кавказдык жигиттер менен чарпыша түшүшкөн шекилдүү. Ал жерде Дастан менен Сталды бычактап кетишиптир. Алар ошол түнү кайтыш болушкан. Аны угаары менен элчиликтин кызматкерлери барып, Москвадагы ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине кайрылып, тиешелүү чараларды көрүштү. Кечээ кечинде Москва – Ош учагы менен маркумдардын сөөктөрүн Кыргызстанга жибердик.

Биздеги маалымат боюнча, дагстандык Рустам аттуу жаш жигит аларды бычактаган. Анын сүрөтү бар, ички иштер бөлүмүнүн тергөө тармагынан иш жүргүзүлүп жатат. Бирок кечээ кечке дейре ал кармала элек болчу. Ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси алдыңкы жумада ал кишини кармайбыз деген убада берди.

«Азаттык»:- Дагы бир маалыматта үч кыргызга кол салуу болгон экен, экөө кайтыш болуп, бирөө аман калыптыр деп айтылууда...

Р.Аттокуров: - Үчүнчү киши туурасында бизде маалымат жок. Үйдөн эшикке ага-ини экөө эле чыгышкан. Калгандары үйдө болушкан.

«Азаттык»: - Дагы бир булак жазганга караганда, кыргыздар менен кавказдыктар ортосунда мушташ чыгыптыр, анын акыры бычакташуу менен аяктаптыр деп да айтылат.

Р.Аттокуров: - Бул мушташтын улуттар арсындагы карама-каршылыкка тиешеси жок го деп ойлойм. Түн жарымында тамак-ашы түгөнүп калганга байланыштуу дүкөнгө чыгышса, анан кайдан мындай болсун деп ойлойм. Менимче, бул окуянын улуттар арасында кагылышка негизи жок.

«Азаттык»: - Орусия чоң мамлекет. Бул күндөрү жер-жерлерде буга окшогон көп эле окуялар болуп атат экен. Маселен, бир эле Питерде жыл ажыраган түнү белгисиз себептер менен беш киши өлтүрүлүптүр. Бирок маркумдардын аты жөнүн, кайсы өлкөнүн жараны экендиги так жазылбаптыр. Башка аймактарда жашап атышкан кыргыз мигранттарынын абалы кандай?

Р.Аттокуров: - Азыркы учурга дейре Орусиянын башка аймактарында жүргөн жарандарыбыздын буга окшогон кырсыкка туш келгендиги туурасында кабар бизде жок. Биз күндө эки-үч жолу ар аймактын жетекчилери менен, мигранттык комитеттин өкүлдөрү менен, диаспора жетекчилери менен байланышып, кандай кырсык, жаңылыктар бар билип турабыз. Азыркы убакка чейин кыргызстандык жарандарыбыз буга окшогон кырсыкка дуушар болушканы турасында маалымат жок.

“Хизб ут-Тахрир” уюмун легалдаштыруу керекпи?

Талдоочулардын баамында, бийликтердин тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмун теске салуу аракеттеринен жакшы майнап чыкпай, бул уюм Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн басаңдаткан жок.

Буга чейин былтыр күзүндө Ноокат районунда бир катар жергиликтүү тургандар райондук администрациянын имаратын таш-бараңга алып, буга тиешеси бар делген “Хизб ут-Тахрир” уюмунун 32 мүчөсү алды 20 жылга чейин соттолгон эле.

Жакында эле “Хизб ут-Тахрир” уюму 2009-жылдын 3-январында экономикалык конференция уюштура турганын айтып, кыргызча-орусча жазылган чакыруу баракчаларын таркатышты. Чакыруу баракчалары маалымат каражаттарынан тарта, мамлекеттик чоң кызматта турган адамдарга да жөнөтүлгөн. Чакыруу баракчасында конференция Африкадагы Судан мамлекетинин борбору Хартум шаарында өткөрүлөрү жазылган.

Өзүн “Хизб ут-Тахрир” тыюу салынган партиясынын мүсөсү катары тааныштырган Нарынбек Сейитбеков аттуу жарандын айтымында, Судандагы “Хизб ут-Тахрир” партиясынын конференциясына чакыруулар Кыргызстанга кеч жетти. Анын айтуусунда, чакырууларды таркатууга тоскоолдуктар болгондуктан 3-январда болуучу жыйынга чакыруулар ошол күндөрү таркатылды.

Ошондой эле анын айтымында, “Хизб ут-Тахрир” партиясы өнүккөн өлкөлөрдө ачык эле иштейт жана ал эч качан күч колдонуу менен бийликке келүү демилгесин көтөрбөйт:

- “Хизб ут-Тахрир” партиясы көмүскөдө иштебейт негизи. Көмүскөгө түрткөн ошол мамлекет болуп атат да. Бул өзүнүн баш мыйзамына каршы чыккандык болуп саналат. Башка чоң-чоң мамлекетте бул эркин, ачык эле иштейт.

Саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин айтымында, ушул тапта бийликтегилер “Хизб ут-Тахрир” эмне экендигин терең түшүнбөй туруп эле каршы болушуп, маселени кайра ырбата турган кадамдарга барышууда. Ошол себептүү эл арасында бул уюмга ыктагандардын саны өсүүдө. Булардын өлкө келечеги үчүн коркунучу бар экендигин айткан талдоочу, канткен менен бийлик алар менен кызматташууга барса туура болмоктугун баса белгилейт:

- Албетте бул Кыргызстан үчүн коркунучтуу. Анткени Кыргызстан өз тилин жоготуп, арабча сүйлөгөн өлкөгө айланышы мүмкүн эгер ушундай кете берсе. Менин ичим күйүп атканы бул болуп атат. Мисалы, жанагы биздин жаш балдар түшүнүп-түшүнбөй туруп эле партияга кирип кетишип, аларды кийин соттоп жиберип атышат. Ошондуктан балким “Хизб ут-Тахрирди” легалдаштыруу керектир. Алардын өкүлүнөн бирөө Жогорку Кеңеште отуруусу керектир. Анткени алардын кылмыштары үчүн бирөө жооп бериш керек да. Жанагинтип кичине балдарды камай беришсе жыйынтык чыкпайт. Тескерисинче булар өсө берет. Аларды запкы чеккен баатырга айлантып, Иракта Жорж Бушту батинке менен ургандай даңазалап жиберебиз.

Жакында эле Кыргызстан мусулмандар кеңешин түптөгөн мурдагы Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу да бир катар саясий талаптарды коюп, мусулмандардын кызыкчылыктары корголушу керектигин айтууда. Айрым чөйрөлөрдө анын “Хизб ут-Тахрир” уюму менен байланышы бар экенин айтышканы менен Турсунбай Бакир уулу андай кеп-сөздөрдү четке кагып, халифат куруу идеясы баары бир жакында ишке ашпасын “Азаттыкка” билдирди:

- Эми бизге атайылап “Хизб ут-Тахрирди” жабыштырыштары мүмкүн. Анткени бүгүнкү бийликтер кудайга да ишенишпейт, коммунизмге да ишенишпейт. Орто жолдо калышкан булар. Эгер адамдар бир нерсеге ишенишсе, коммунизмге же кудайга ишенишсе “тормуздары” болот эле, “ал ишти кылба, бул ишти кылба, анткени жазалоо аласың” деп. “Хизб ут-Тахрир” халифат курабыз деп атышат. Биздин оозубуздан халифат курабыз деген сөздү уккан жоксуңар. Каяктагы халифат эгерде Кыргызстанды оңдой албай атсак. Бүгүнкү күнү 29 араб мамлекети өздөрү халифатка айлана албай атышат. Кичинекей Израиль баарын жеңип койду.

Ошентсе да бир катар бийлик өкүлдөрү бул партия Кыргызстанда тыюу салынгандыгын, андыктан алар менен кызматташууга баруу эч акылга сыйбаган иш болорун айтышууда.

Токтогулдагы суу кыштан чыгууга жетеби?

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, өлкөнүн белгилүү энергетиктеринин бири Райымбек Мамыров энергетика тармагындагы абал тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Токтогул суу сактагычында 1-январга карай 8 миллиард 400 миллион куб. метр суу калганы айтылып жатат. Андан бери ал дагы азайса керек. Сиздин баамыңызда, ушул суу канчага чейин жетет?

- Эми негизинен энергетиктердин өзүнүн эсептеген божомолдору бар. Менин байкашыма караганда, кечээ күнгө 8,2 миллиард куб деп жаткан. Бирок азыркыдай чектөөлөр менен барсак, апрелге чейин жетип калабыз деген эсептер бар экен. Бирок аба ырайына да караш керек, эгер күн суук болуп кете турган болсо кыйынчылыктар болуп калышы мүмкүн. Жылуураак болсо анда, кыйналып-кысталып болсо да кыштан чыгып, март айында көбүрөөк кыйналып калышыбыз мүмкүн. 1-апрелге карай 5 миллиард 400 миллион кубдун тегерегинде суу болот деген эсептөөлөр да бар.

- Анда биздин коңшу мамлекеттерге суу берүү боюнча милдеттемебиз кандай болот?

- Эми апрелден баштап суунун келиши көбөйөт. Бирок коңшу мамлекеттерге суу берүүдө кичине кыйынчылык болуп калат го. Бул жерде биз өзүбүздү дагы ойлошубуз керек. Мына жакында эле Өзбекстан былтыркы баага салыштырганда газдын баасын 100 долларга көтөрүп, келишимге кол коюшту. Аны биз да ойлошубуз керек.

- Токтогул суу сактагычындагы суунун чыныгы көлөмү тууралуу ар кандай сөздөр айтылып жатат. Кээ бирлер көлдүн түбүндө ылай топтолуп калгандыктан ал жерде суунун көлөмү азыркы айтылгандан аздыгын айтышууда .Сиз адис катары айтсаңыз, суунун чыныгы өлчөмү ошол рассмий маалыматка туура келеби?

- Ар кандай сөз болушу мүмкүн. Суунун астына кирип, ылай канча экенин эсептеп чыккан киши болбосо керек, бул жерде бир техникалык тактап коё турган нерсе - ГЭС үчүн плотинидагы суунун бийиктиги керек. Ошондуктан суунун астында ылай болгон күндө дагы суунун бийиктиги деңиз деңгээлинен 850 метрдей болсо керек. Генераторлор иштеш үчүн ошол суунун бийиктиги көбүрөөк рольду ойнойт да...

- Камбар-Ата -2 ГЭСин былтыртан бери куруу активдүү жүрүп жатат деген маалыматтар бар, кээ бирөөлөр пессимистик да көз карашта. Сиз кандай байкадыңыз, курулуш ойдогудай жүрүп жатабы?

- График боюнча жүрүп жатат деп официалдуу маалыматтарда айтылып жатат. Бирок менин байкашыма караганда, жогорку кесиптүү адистердин жетишпегендигинен курулушу кармалып жаткан учурлар да болуш керек. Мурдагы энергетика министири айтпадыбы, 2009-жылдын 22-декабрына белгиленген агрегатты ишке берүү маселеси менимче наркы жылкыга өтөт го.

- Демек 2010-жылга өтүп кетебизби?

- Ооба 2010го өтөт. Мурдагы министр Балкыбеков айтпадыбы, 2009-жылдын декабырына үлгүрбөй калдык деп.

- Орусиядан алына турган кредит менен Камбар-Ата -1 ГЭСи курулса энергетиканын өсүшүнө түрткү боло алабы?

- Камбар-Ата-1 ГЭСИнин курулушу биз үчүн абдан керек. Экинчиден анын кубатуулугу 1 миллион 900 меговатт. Бүгүнкү баалар боюнча эки жарым миллиард долларга барып калат. Муну өзүбүз кура албыз деген ал болбогон эле сөз. Жакынкы он жылдыктарда ага күчүбүз жетпейт. Менин байкашыма караганда, Орусия кредит деген жок окшойт. Өздөрү акча кошуп куралы, менчик биздики болсун деген мааниде берип жатат окшойт ал акчасын. Орустар менен жакшылап сүйлөшүп туруп, чогуу кура турган курулуш кылып туруп жасаш керек муну. Анын курулушу көпкө созулат, жок эле дегенде биринчи агрегатын бергенге беш жыл болсо, арты он жылда курулуп бүтө турган нерсе да. Бирок ал жакта кошумча суу да пайда болуш керек.

Оппозиция саясий куугунтукка каршы күрөшкө чыгууда

Кыргыз оппозициясы Адам укуктары жана эркиндиктери институтунун алдында саясий куугунтукка каршы комитет түзүүгө кам көрүүдө. Бийликчил саясатчылар оппозиция өз атын даңазалап жатканын айтышууда.

Оппозиция 2008-жылды саясий куугунтуктоолор менен кысым көрсөтүүлөрдүн жылы болду деп жарыялады. Саясий куугунтукка каршы күрөш комитетин түзүп жаткан саясатчы Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” берген интервьюсунда тоталитардык доордон бери өнөкөткө айланып келаткан саясий куугунтук президент Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда айрыкча күчөп кетти деди:

- Саясий майданда бийликке каршы ачыктан-ачык күрөшүп аткандарга, бийликте туруп, анан бийликтен кеткен адамдарга каршы ар кандай шылтоолор менен кылмыш иш козгоп, куугунтук сала баштады да.

Оппозиция саясий куугунтук деп тааныгандардын катарында көз карандысыз маалымат каражаттарынын жабылышы, аларга каршы кылмыш иштеринин козголушу, жоон топ журналисттердин чет өлкөлөргө баш калкалап кетиши өңдүү фактылар бар. Саясатчылардын өздөрүнө каршы кысымдардын ичинде мурдагы министрлер Исмаил Исаковго, Аликбек Жекшенкуловго, Равшан Жээнбековго каршы козголгон кылмыш иштери, Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбековдун камакка алынышы, айрым оппозициялык лидерлердин туугандарынын мамлекеттик кызматтардан четтетилиши өңдүү мисалдар аталууда.

СДПнын парламенттеги фракциясынын төрага орун басары Иса Өмүркуловдун айтымында, маселен:

- Куугунтук жасалып атат деп айткан эмесмин. Бирок, куугунтукту мен көрүп атам. Баламды мамлекеттик кызматтагы жумушунан айдады. Үйгө граната ыргытты. Коркутуп-үркүтүүлөр болуп атат, мурунку иштеген жеримди текшерип, иш козгогонго аракет кылып атышат.

Депутаттын айтымында, башкача ой жүгүрткөн адамдарга, оппозициялык күчтөргө ар тараптуу кысым көрсөтүлүп жатат. Маселен, акыркы жылы мамлекеттин көзүн караган бир да маалымат каражаты, анын ичинде УТРК оппозициянын караанын жолоткон жок.

Бийликтеги тиешелүү тараптар, анын ичинде тергөө кызматтары тигил же бул саясатчыга байланышкан кылмыш иштеринин саясатка тиешеси жок экендигин маал-маалы менен айтып келатышат.

Ал эми Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, укук жана сот реформалар комитетинин башчысы, “Ак жол” партиясынын мүчөсү Лейла Сыдыкова Кыргызстанда саясий куугунтук жүрүп жатат дегенге ишенбейт:

- Өзүнүн өткөндөгү кылмышын жашыруу үчүн азыркы кырдаалды саясий куугунтук катары көрсөткүсү келиши мүмкүн. Көпчүлүгү өткөнүн жаап-жашыруу үчүн саясатка бараарын да мен жокко чыгара албайм. Ошондуктан, менимче, саясий куугунтук бар деп айтыш өтө кыйын.

Лейла Сыдыкованын ишениминде, эл аралык келишимдерге кол койгон, демократиялык нукта өнүгүп бараткан Кыргызстанда саясий куугунтукка мыйзамдар жол бербейт:

- Бардыгы саясий куугунтук деп кыйкырып атышат. Сотко кайрылса бардыгы орду-ордуна келет да. Бизде болсо мыйзамдуу жолго барып, өзүнүн күнөөсүз экенин далилдөө ордуна өздөрүн көрсөтүп калууну, пиар жасоону каалашат. Эгер күнөөң болсо кадырың жан болгур, мыйзамга жооп бер да. Мыйзамдан ашыкты эч ким талап кылбайт.

СДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов болсо мындай көз карашты кескин сынга алды:

- Мына Кадырбековдун үстүнөн жүрүп аткан процесс эмне соттун акыйкаттыгыбы же пиарбы? Кадырбековго, мен ойлойм, андай пиардын кереги жок. Мисалы үчүн дагы бир эки айдан кийин саясат эмес, анын ден соолугу проблема болушу мүмкүн. Карап көрсөңөр, ар бир саясатчы үчүн иш козгоп, жакындарынан бери коркутуп-үркүтүп атат.

Ушундай көз караштагы оппозиция лидерлери азыр саясий куугунтукту токтотуунун бир аргасын дал ушул комитет түзүүдөн көрүп турушат. Революциялык кыймылдын лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиевдин “Азаттыкка” айтканына караганда, комитет бир аптанын ичинде куралып, ага саясатчылардан тышкары, юристтер, адвокаттар, укук коргоочулар, журналисттер кирчүдөй.

Газадагы кырдаалдын Кыргызстанга таасири тийеби?

Кыргызстандагы Мусулмандар биримдиги Газадагы кырдаалга байланыштуу кайрылуу таратып, Израилдин аскерлерин бул аймактан чыгаруу талабын койду. Саясий талдоочулар болсо бул согуштун артында ири мамлекеттер турат деген пикирлерин билдиришүүдө.

Газа тилкесинен Израилдин аскерлери чыгарылсын, деген талап жазылган кайрылууну Мусулмандар биримдиги БУУ, ЕККУга жана АКШнын, Кытайдын, Орусиянын, Германиянын Кыргызстандагы элчиликтерине тапшырды. Биримдиктин лидери Турсунбай Бакир уулунун “Азаттыкка” билдиргени боюнча Газа тилкесинде болуп жаткан кыргынга дүйнөлүк коомчулук кайдыгер болбоого тийиш:

- Дүйнөлүк коомчулук кош көңүлдүк кылбай, түз киришип, палестиналык арабдарды кырып жаткан Израилди токтотууга тийиш. Израил өзүнүн аскерлерин Газадан алып чыгып кетиши керек.

Турсунбай Бакир уулу ошондой эле эгер Израил өзүнүн баскынчылыгын токтотпосо, бул согуштун аягы жакшылыкка алып барбасын эскертет.

Газа тилкесиндеги согуш чоң бир дүйнөлүк жаңжалдын учкуну болуп калуусу ыктымал, деген божомолду кыргызстандык саясат таануучулар да айтышууда. Саясат таануучу Марс Сариев Газа тилкесиндеги кагылыштын артында ири державалар турат, муну менен цивилизациялардын кагылышын пайда кылууга аракеттер жүрүп жатат, деп эсептейт:

- Азыр Пакистанда, Ооганстанда да кагылыштар күчөп атат, Талибан баш көтөрүп атат. Менимче атайын бир чоң күчтөр жасалма жол менен мындай чатактарды уюштуруп, атайын ошого түртүп атышат. Бул эгерде күч алып кетсе Америкадагы кризис кеп болбой калат.

Газа тилкесиндеги жаңжалга байланыштуу ушул тапта дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде демонстрациялар уюштурулуп, Израилди аймактан аскерлерин алып чыгып кетүүсүн талап кылып жатышат. Ирандын дин башчысы Аятолла Хаманей ислам өлкөлөрүн Израилдин сазайын берүүгө чакырды.

Эгер согуш улана берсе, түрдүү чагымдар күчөп, диний араздашууга алып келүүсү мүмкүн, деп эсептеген саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, Газадагы кырдаалдын Кыргызстанга терс таасири гана тийет:

- Азыр чагымдар болуп кетиши мүмкүн. Силер билесиңер азыр Ооганстанда да абал күчөп атат. Анан бул жакта да баш көтөрүп, мусулмандарды биригүүгө чакырып башташат да, ислам саясатташат. Кыргызстан болсо Борбор Азияда жана КМШда эң алсыз өлкө.

Израил менен Палестинанын ортосундагы келишпестик канчалаган жылдардан бери орун алып келе жатат. Учурда Израил менен согушуп жаткан ХАМАС уюму Газа тилкесинде үстөмдүк кылган экстремисттик-радикал уюм катары белгилүү. Ошондуктан, азыркы Газадагы кыргынга Израилге караганда ХАМАСтын күнөөсү чоң.

Газа тилкесиндеги атышуудан дүйнөнү аласалдырып жибере турган эч кандай коркунуч жок, дейт эл аралык бай саясий тажрыйбага ээ саясатчы Ишенбай Абдуразаков. Анын айтуусунда, карапайым элдин кыргынын токтотуу үчүн тараптар мунасага келүүгө тийиш:

- Бир жагынан алганда ХАМАС ракета менен атып, Израилге такыр эле тынчтык бербей жатат. Ошондуктан алар ошондой аткылаган жерлерди, аскер базаларын жок кылабыз, деген аракет менен басып кирди. Албетте Израил аскерлерин алып чыгып кетиши керек, коомчулуктун бул талабы да туура. Бирок ХАМАС тынбай эле аткылап атса, алар да бир чара көрүүгө тийиш эле.

Израилдин “Газа” операциясы 27-декабрда башталган. БУУ бул аралыкта 400дөн ашуун палестиндиктер каза болгонун, анын ичинен жарымы карапайым эл болгондугун маалымдады. Ал эми эл аралык гуманитардык уюмдар Газа тилкесинде суу, тамак-аш, дары-дармек тартыштыгын билдирип жатышат.

Өзбек газы кымбаттады, өкмөт элге сатчу баасын бычууда

Жыл жаңыраар алдында Ташкенде кол коюлган келишимге ылайык, Кыргызстан эми өзбек газынын миң кубометри үчүн 240 доллардан акча төлөйт. Былтыр бул баа 145 долар эле.

Өзбекстан өкмөтү газ коңшуларга деле Орусияга саткан баанын деңгээлинде сатыларын күн мурунтан жарыя кылып келген. Астыртан кулак какты кылган ошол 300 долларды кайсы коңшу канчага арзандатары күтүлүп жаткан. Жаңы жыл алдында “Кыргызгаз” акционердик коомунун жетекчиси менен Өнөржай, энергетика, отун ресурстары министри Ташкенде коно жатып, эки тараптуу келишимге кол коюп кайтышты.

“Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун төрага орунбасары Кубан Мырзаканов ушу тапта Өзбекстандан келип жаткан “көгүлтүр отундун” баасын кимге кандай баада сатыларын жакын арада маалым кылышарын билдирди.

- Элге сатылчу баасы канча, бюджеттик мекемелерге, өнөржай ишканаларына кандай баада сатылары аныкталат. Сауналарга, турмуш-тиричиликке, ташып жеткирүүнүн акысы канча болот? Ушунун баары айтылат.

К.Мырзаканов элге сатылчу газдын бир кубу 15 сомдун тегерегинде боло тургандыгын ырастады. Өткөн жылы Өзбекстан Кыргызстан кыштан кыйналбай чыгышы үчүн Бишкек жылуулук борборуна кошумча газ беришке да макул болгон. Башкалаанын жылуулук борбору Өзбекстандан келчү кымбатбаа газдын ордуна карамай калдыгын жагууда. Мунай баасынын арзандашы ошентип Кыргызстандын отун проблемасынын оңунан чечилишине таасирин тийгизүүдө.

Кыргызстандын “көгүлтүр отунга” муктаждыгынын дээрлик 90% ашуунун Өзбекстандан сатылып алынчу газ жабат. Жыл сайын республика 30 миллион кубометрдей газ өндүрөт. Орусиялык “Газпром” ишканасынын көмөгү менен “Кыргызнефтегаз” акционердик коому анын өлчөмүн 2010-жылы 40 миллион кубометрге жеткирүүнү көздөөдө. Кыргызстан өкмөтү орусиялык компанияга 25 жылга газ, карамай чыкчу жерлерди чалгындоого 2003-жылы эле уруксат беришкен.

Адистердин маалымдашынча, Кыргызстанда 6 миллиард кубометр газдын запасы бардыгы аныкталган. Газ чыгышы ыктымал жерлерди чалгындоого биртоп чет элдик компаниялар киришип, бирок да азырынча андан натыйжа чыга элек.

Кыргызстан эгемендикке жеткенден бери Кадамжай районундагы Бүргөндү өрөөнүндөгү мунай, газ чыкчу жерлерин өзүнө алалбай келатат. Парламент депутаты Мурат Жураевдин айтуусунда, 2005-жылы эски бургулардын айрымдары Кыргызстанга калтырылган.

- Иштеп аткан бургулардын 70% Өзбекстандыкы, бирок анын баары биздин аймакта. Азырга чейин алып жатат.

Мурат Жураев Өзбекстан Кыргызстан аймагынан өндүрүлгөн газды өзү каалагандай пайдаланып келатканын да кошумчалады.

- Хорезмден келген газды ошол газ сактагычка толтурушат. Жазында газ керекттө азаят. Биздин жердин алдындагы газ сактагычты кампа катары иштетишет. Аны кышында кайра элине беришүүдө.

Адистердин айтуусунда, Бүргөндү өрөөнүндөгү газ менен мунай Кыргызстанга кайтарылса жергиликтүү муктаждыктын кыйласын жапмак. Азырынча Кыргызстан табигый газды Өзбекстандан сатып алышка мажбур. Газ баасы болсо жылдан-жылга кымбаттап коңшулар менен бир баа бычуу уламдан-улам кыйындап баратат. “Кыргызгаз” компаниясы Өзбекстандан келчү “көгүлтүр отундун” баасы канча болорун 8-январда элге жарыя кылмакчы.

Ошто жут чыгуу коркунучу бар

Алайкуу өрөөнүнө кар калың түштү.

Ош облусу агрардуу аймак болгондуктан, жергиликтүү калк көбүнчө мал кармап оокат кылат. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, кышка карата тоют жетиштүү камдалган, бирок айрым райондордо жут болушу да ыктымал.

Ош облустук мамлекеттик акимчилигинен маалымдашкандай, 7 райондо 139 710 уй, 834 708 кой-эчки, 75 724 жылкы, 653 405 канаттуу, 423 чочко багылат. Алар үчүн камдалган тоют былтыркыдан аз болуп калды.

-Ош облусунда тоют даярдоо бир топ оорго турду, жайы менен кургакчыл болду. Оруп топтоо элге бир топ түйшүк жаратты, ага карабастан эми аракет кылып 490504 тонна тоют топтолду. Бул өткөн жылкыга караганда 1100 тоннага аздык кылат. Бирок эл үстүбүздөгү жылда жетиштүү санда тоют даярдап алды десек болот,- дейт облустук бийликтин агрардык өнүгүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Камалов.

Алайлык Санавар Момунтаева жай кургакчыл болгондуктан, көп чөп аянттары күйүп кеткендигине кейиди. Ошол себептүү табигый өсүмдүктөр аз жыйналып, кымбатка түшүүдө. Өкмөт ушундай кыйынчылыкта калкка каралашса, соопко калмак.

Сейитбек Мамытов Карасуу районунун Лаглан айылынан. Зарыкканда базарга түшкөн экен. Анын баамында, эл өз күчү менен тоют камдап алды, бирок а дагы жетишээрлик эмес. Былтыркыга караганда чөп-чар 2,5 - 3 эсеге кымбаттады. Ошол эле учурда элеттиктердин жашоосунун бир булагы - малдын куну төмөндөп, кыжаалат кылууда. Турмуш ушул өңүттө уланса, жут болоору анык.

- Мүмкүн болушунча аракет кылып даярдап алышты. Бирок жетишээрлик деп айтыш кыйын. Бир машине чөп 10000дин үстүндө, былтыр бир машине чөп 3, 4 миң болгон.Ушинтип кар оор боло турган болсо жут болот.

Ноокаттык Осмонаалы Камчыев тоюттун баасы кескин көтөрүлгөндүгүн айтып тызылдады:

-Тоют бизде кымбат, 15-16 миң. Мен 20 миңге алган саанымды кечээ 15 миңге саттым. Фонд кайра өкмөткө оодарып иштетип берсе болот. Фондун жерлерин жалаң байлар бөлүп алган. 10 гектар жерди 10 эле бай адам иштетет.

Бүргөбай Жолдошев - Каракулжа районунун жашоочусу. Анын кебине карганда, аталган өрөөндө мал наркы кескин ылдыйлап, тоюттун баасы асманда. Былтыркы каатчылыктан коркуп калган жердештери суукка пайымсыз уй-коюн чекесинен сатышууда:

- Жер кургакчылык болуп, ысыктыгынан чөп жакшы болбой азыр чөптүн бир эле машинасы мисалы15 миң сомго чыгып кетти. Азыр малды саттсаң 15 миңге сата албайсың, малдардын арзандашы ошон үчүн болуп жатат.

Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин агрардык өнүүгүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Камалов тоют жетиштүү камдалган менен, айрым райондордо жут болушу ыктымалдыгын да эскертти:

-Жут боло турган белги деле жок, жут эми таасир этсе бул Кара-Кулжанын Алайкуу зонасына, Алайдын тоолуу зонасына таасир этиши мүмкүн.

Жалал-Абат: 2008-жылы жол кырсыктары көбөйдү

Областтык МАИнин маалыматы боюнча 2008-жылы кан жолдогу кырсыктардын айынан мурунку жылдагыдан 20 пайыз адам көп өлдү.

МАИнин башчысы Сүйүн Мамазияевдин айтымында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары 2008-жылы мурунку жылдагыдан 20 пайызга көбөйдү. Кейиштүү окуялардын болуп жатышына эрежелерге баш ийбей, ылдамдыкты ашырып, адамдардын тагдырын ойлобогон тажрыйбасыз айдоочулар себепкер.

Кырсыктардын басымдуу бөлүгү совет доорунда курулган, азыркы талаптарга дал келбеген, туман басып, тайгак болгон «Ош-Бишкек» жолуна туура келет. Облус уюшулган жылда 6-7-миң автоунаа болсо, учурда алардын саны 38 миңге жетип, иштеген 185 МАИ инспекторунун ордуна 77 кызматкер калды.

-Көп айдоочулар сезонго иштейбиз деп келип эле уктабай кайра кайтып кетет,- дейт Кочкор-Ата-Бишкек унаа жолунда иштеген айдоочу Абдыганы. - Уйкудан калгандыктан жол кырсыгы болуп жатат. Жолдор жакшы. Көп айдоочулар жол эрежелерин билишпейт.

Абдыганынын кебин кесиптеши Бактыбек улап, ал унааны оң кол менен башкаргандар жана «Тико» автоунаалары, мас айдоочулар кырсыкка шарт түзөөрүн белгиледи:

- Жол эрежени колдонушпайт, билишпейт. Толук окушкан эмес. Россиядан келип жаңы машинаны алып берет, күбөлүктү арзан баада сатып алып, курстан өтпөй, опуту жок эле жолго чыгат.

Айдоочу Бактыбектин пикиринде кырсыктарды МАИнин көчмө бекеттери аркылуу азайтуу мүмкүн эмес. Жол эрежелерин бузган айдоочулардын күбөлүгүн албастан ал үчүн айып пулдун көлөмүн көбөйтүп, айдоочулар үчүн иштөөгө шарт түзгөн оң:

-Квитанция жазып берип койсо айдоочуга. Ошол убакта төлөп берсе он күндүк срокто. Мисалы, айыппулду 4000-5000 сом кылсын . Өкмөт ошондой закондорду иштеп койсо, биздин айдоочуларга пайда болуп жатат. Ал эми күбөлүктү алган пайдасыз болуп жатат.

Айдоочу Фуркат Миңбаевдин оюу боюнча көчмө бекеттерди шаарларга орнотуу менен тартипти күчөтсө болот. Бишкек менен Ош шаарын туташтырган жолго көзөмөлдү күчөтүүдөн мамлекет пайда таба албайт:

-Айып акчаларды көбөйткөнү жакшы эле болду, бирок ошол акчалар өкмөткө түшпөй жатат. МАИлердин ставкасы көтөрүлүп жатат, 300 сом айыппул берсек 150 сом берип, калганын чөнтөгүнө уруп коюп кетип жатат. Айыппул көбөйтүү МАИчилерге эле пайда болду, өкмөткө анча түшпөйт. Жолдордо постторду көбөйткөнү менен мамлекетке пайдасы жок. Пост көбөйгөн сайын ставка да көтөрүлөт.

Ордо оюну - жоокердик тактиканы үйрөткөн акыл оюну

Улуттук спорттун негизги түрү болгон ордо оюну боюнча ар жыл сайын “Алтын томпой” мелдеши өткөрүлгөнү менен бул оюнга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай келүүдө.

Ордо кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири. Ордо жөнүндө «Манас» эпосунда дагы кеңири баяндалган. Айкөл Манас баатыр чоң казатка бараткан жолдо анын 40 чоросу экиге бөлүнүп, байгесине төрт байтал сайып, ордо атышып жатканда чыр чыгат.

Биринчи тарабы - Кыргыл чал, экинчи тарапка Ажыбай башчылык кылып, ордо атышып жатканда болбогон шылтоо менен чыр чыккан. Ошондой эле илгерки Балбай менен Ормондун башкы чатагы да ушул ордо атышкандан башталган дешет санжырачылар. Ошондон улам ордо оюнуна кеңеш доорунда тыюу салынып, аны ойногондор улутчул катары куугунтукталып келген.

Кыргызстандын Ордо федерациясынын президенти, мурдакы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун пикиринде, ордо оюну ден соолук үчүн абдан пайдалуу жана керемет оюн. Чарчаганды жазып, кан тамыр, жүрөктүн иштөөсүн жакшыртып, денени ийилчээк кылуу менен 300гө жакын булчуңду чыңдап, муундардын иштөөсүн жакшыртып, адамдын ойлоо жөндөмүн арттырат. Бул аскердик, жоокердик тактиканы үйрөтө турган акыл оюну:

- Чынында бардык оюндан эрежени бузса, шылтоо издесе чыр чыгат. Ат чабыштан, көк-бөрүдөн, жорго салдыруудан, оодарыштан жана башка бардык оюндан кынтык таап, чыр чыгарууга болот. Ордонун эч кандай жаман жагы жок. Бул биздин байыркы эл экенибизди,6 миң жылдан ашуун тарыхыбызды далилдеген керемет оюн. Дөбө мүрзөлөрдөн томпой, чүкөлөрдүн табылышы кыргыз элинин эң байыркы эл экенин айтып, далилдеп турат. Башка улуттарда чүкөнү, томпойду жөн гана сөөк деп айтышкан. Бизде чүкөгө, сака, ордого байланыштуу жүздөн ашуун сөз бар. Алардын ар бири өзгөчө маани, мазмун, маңыз берип турат. Учурда ордого жаштар кызыкканы кубандырат. Мурда аксакалдар менен гана ойносок, учурда жаштар кызыгып жатышат. Бул оюнду эл аралык аренага чыгарууга негиз бар.

Ордо оюнун эл аралык аренага чыгарууга аракеттер көрүлүп жатканын, Борбор Азия өлкөлөрү менен бирдей эреже иштелип, сунуштар эске алынганын ордо федерациясынын президенти Дастан Сарыгулов айта кетти.

Спорт күйөрманы жана демөөрчүсү «Шоро» фирмасынын президенти Табылды Эгембердиевдин айтымында, учурда кыргыз улуттук спортуна көңүл бурулбай, аш-тойлордо гана ойнолуп калды. Эгемендүү өлкөдө бир дагы ордо оюн аянтчасы жоктуну өкүндүрөт. Себеби ордо оюну бильярд спортунан беш эсе кызыктуу жана таасирдүү.

- Мурда орустардан коркуп келсек, эгемендик алганы 17 жылдан бери өлкөдө бир дагы ордо аянты жоктугу мени абдан өкүндүрөт. Ордо оюну Талас, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абат облустарында колго алына баштады. Бирок аш-тойлордо гана көрсөтмө катары ойнолуп келет. Бул оюн бильярддан беш-алты эсе кызыктуу жана өтө таасирдүү деп ойлойм.

Ордо оюнуна ондон жыйырмага чейин оюнчу катыша алышат. Ордо оюну тапталган түз жерде, көбүнчө кырманда ойнолгон. Ошондой эле кой короодо ойноого да ыңгайлуу. Ордо оюнуна диамерти 14 метр болгон тегерек чийилет. Ордонун борборунун жыдымасына «кан» салынат. Анын айланасында бир оюнчуга бештен эсептелип, тегерек формада бөгүнөн чүкөлөр түзүлөт. Эгерде мелдешке 20 киши катышса, анда ордого 98 чүкө жана «кан» салынууга тийиш. Анткени «кан» эки чүкөгө эсеп кылынат.

Ордону көбүнчө топоздун томпою менен атышкан. Анткени уйдукунан топоз томпою оор жана катуу келет. Кийинчерээк тоо текенин мүйүзүнөн узундугу 8 см, туурасу 6 см, калыңдыгы 2,5 см болгон абалак жасап, ордо атышкан. Ордону абалак менен Ысык-Көл, Нарын, Чүй өрөөнүндө атышса, Түштүк облустарда жана Таласта томпой менен гана ойношкон.

Учурда ордо оюнунун бирдиктүү эрежеси иштелип чыгып, томпой менен гана ойноо каралган. Ордо оюнунда ура атуу, топ бузуу, кыңай атуу, кадамак кадоо, тоорумай, чалмай атуу жана чертүү ыкмалары кеңири колдонулат. Ошондой эле тыюу салынган бир нече кыймыл-аракеттер, жыдымайдын түрлөрү дагы так эрежеге салынган.

Мурда мектептерде ордо боюнча биринчиликтер өткөрүлүп турчу. 5-6 жылдан бери окуучулар арасындагы мелдештер болбой калды. Бишкекте үстү жабык ордо аянтын куруу үчүн кыргыз спорт жетекчилери каражат бөлүп беребиз деп убада кылгандан бери 5-6 жылдан ашты.

Бул демилгени ордочулар өздөрү колдоп демөөрчүлөрдү издеп, чакан ордо стадионун кууруп алууга аракеттер көрүлүүдө. Жыл өткөн сайын ордо оюнуна кызыккандар арбын болуп,чеберчилик деңгээли жогорулап баратканы менен мамлекеттик колдоо болбой жатат.

Талант тагдыры: Эл куудулу Шаршен Термечиков

Шаршен Термечиков (солдон төртүнчү) Москвада өткөн Кыргызстандын маданият күндөрүндө өнөрпоз курбулары менен, 1939-жыл.

Айтылуу эл куудулу, чечен, төкмө акын, обончу-ырчы, тубаса актер, эл артисти Шаршен Термечиков таланты ташкындап, ашып-ташып турган 47 жаш курагында катуу оорудан каза тапкан.

Кыргыздын оозеки адабий-музыкасынын тарыхына көз чаптырсак, ар кандай заманда сүйлөшсө таңдайларынан сөздүн чаңын, тилдеринен кептин балын тамызган Көкөтай, Жоошбай, Куйрчук, Эшкожо, Бекназар, Шаршен өңдүү жана башка атактуу чечендер, айтылуу эл куудулдары жашап өткөндөрүнө күбө болобуз.

Булардын ичинен Шаршен Термечиков чыгармачылыгын ар тараптуу, көп жактуу өнүктүргөн. Алсак ал “а” деп оозун ачканда эле күлкүнүн күүсүн төгө бооруңду тыттыра күлдүргөн эл куудулу, ыр берметтерин сабалата төккөн ак таңдай акын, өзгөчө аваздык боёктордогу мукамдуу обондорду чыгарган обончу-ырчы, актер болгон.

Ал Сокулуктун Токбай айылындагы кембагал жыгач устанын үйүндө туулган. Шаршен бешиктен бели чыккандан башы оогон жакка басып кете бермейди, кирген үйүнө конуп калууну, ал үйдөн куру чыкпай бирдемелерди кармай чыкканды өзүнө адатка айландырган колу туткак, тентек, шок өсөт.

Кийин Шаршен эр жетип, эл көзүнө көрүнө баштаганда: “Термечик атам “бай” эле, кийгени жаргак “шайы” эле, ар кайсы уугу көрүнгөн, биздин “ак үйүбүз" бар эле. Атам казан-аштуу киши болчу. Чоюн кашыкка тамак жасап, балдарына сыр кашык менен сузуп берүүчү. Биз жакшы туруучубуз. Алты канат боз үйүбуз бар болчу. Анын бир жагынан ат кирсе, экинчи жагынан ит кирчү. Эң эле жакшы жери сайгактаган уйлардын мүйүзү киргенин саканагына илинбей чыгып кетер эле”- деп оошмо мааниде жазгандай, ал өтө оор турмушта жашап өчпөстүн отун жагып, өлбөстүн күнүн көрөт!

Эр жеткенден Шаршен жокчулуктун туткунунда жүрсө да турмуштун ачуу-таттуусун баяндаган куйкумдуу кара сөз түрүндөгү кыска аңгемелерди чыгарат. Айрыкча Шаршендин атагы-даңкы “Мен, Шаршен Термечик уулу”, “Энемдин кошогу”, “Күйөө жолдош”, “Кыз оюн” аттуу жана башка тамашалуу, курч тилдүү, куйкумдуу ангемелери тасмага жазылбай калган.

"Энемдин кошогу" (Абдыашым Көбөгөновдун айтуусунда)

«Ошол кезде айылыбызда Мамырбай деген бар эле. Балдарды чакырып. «Күңөтай» деген ырды ырдатып талкан көөлөтүп берүүчү. Мен кургур "Күңөтайды" билбейм, ошон үчүн талканга жетпейм. Балдарга жалынам мен деле Мамырбайдыкына барайын. «Күңөтайдан» кичине үйрөт» десем, балдар «өзүң эле айтпайсыңбы деп кетет». Балдардын «Күңөтайын» үйрөнүп алып, Мамырбайдын алдына барбай, аны билбегенден кийин мени кудай албай, кууратып койду кандай» деп жүрөм.

Атам өлүп, энем калган. Энем атама кошок кошот. Мамырбай «Күңөтайга» дале талкан көөлөп берет. Менин энемдин кошогуна деле көөлөп берээр деген ой менен, энемдин кошогун аңдып калдым. Энем жоош киши эле. Бирок кошокко кыйын эле. Энемдин кошогун уккан киши жашыбай койгон эмес.

Энем бир күнү айтты, үйрөнө албай калдым, эртеси үйрөндүм. Мына ушинтип, энемдин кошогун такыр үйрөндүм. Мамырбайдын үйүнүн быягынан өттүм, тыягынан өттүм, айтып өттүм. Мамырбай чакырды. Бардым.

-Сен кутуруп кеткен баласынбы? Жанакың эмне же ыр эмес, же кошок эмес,-деди.

- Өзүмдүн эле энемдин кошогу.

-Оо, андай кошок билген бала болсон, кел айтчы- деди. Отура калып жанагыны занкылдаттым.

- Атаа, энең эне эмес бекен! Ээ балам башка аялдар айтам деп эле айта албай жүрөт. Сенин энең үнүн чыгарып эле кейий бергени жакшы экен. Байбиче, балама талкан көөлөп берчи - деди.

- Атаа үйдө сүт, айран жок эле - деди.

Мен сөөмөйүмдү оозума салып тура калып:

- Жармага көөлөсө да жейм- дедим.

Мамырбай:- Максым бар эмеспи эле, көөлөп бер деди.

- Кап, максымды жаңы эле куюп, койдум эле-деди байбиче.

- Ошондойго көөлөсө деле жейм мен.

-Атаа, балама керек экен, көөлөп бер, байбиче. Байбиче ачууланып чуңкурураак сыр табакка арпа талкандан аябай салып, максымдын уну көбүрүп жаңы эле үстүнө чыккан экен, атка улпак чылап бергендей кылып алдыма коюп:

-Ушунун баарын түгөт, болбосо көрүңдү казып көмөм- деди.

- Мындан көп болсо деле жейм дедим, - кашыкты коё коюп, колум менен согуп жатам. Аз калганда шыпырып жалаймын деп табактын түбүн тырмап коюпмун. Бир убакта жаагым чуу эле дей түштү.

-Табакты да жейсинби?- Жок, калканды, сырынын бары кетип калбадыбы?

- Эмесе, кайпыта жалайынчы деп жалап кирдим.

Мамырбайдыкынан чыктым. Ырдагым келет, ыр эле табылбайт, жетим бала карды тойсо эле ырдагысы келет экен. Жетим бала эмне үчүн тойбойт десе, илгери жетимге тамак керек убактысында табылчу эмес тура»…

Шаршендин туубаса куудулдугунун күчү жөнүндө маркум эл акыны Кубанычбек Маликов: «Шаршен сахнага чыгарда залга Шаршен деген ат угулса эле болду. Залда отурган эл кыйрап күлө беришет. Бейтааныш көрүүчү-угуучулардыкы да эчтеке эмес, күндө көрүшүп, сөзүн бир күндү бир нече жолу угушкан, угуп жүрүшкөн кызматташ кесиптештери (карыясы Муратаалы, жашы Муса) алар дагы боорлорун тытышып боортоктой күлүшөт. Шаршендин баркыраган үнү, койну-кончуңа чейин күлкүгө толгон сырткы кебетеси, күндө жаңы, күндө кызык...» деп эскерген Маликов.

Айтылуу эл куудулу замандаштарынын айтып кеткен эскерүүлөрүнө караганда, ал кыргыз комузу менен гана эмес, казактын эки кылдуу домбурасыз ырдай да, аңгемелерин айта да алчу эмес экен.

Элдик куудулдун черткен комузу, домбурасы да башка шайырлардын музыкалык аспаптарынан асман менен жердей айырмаланыптыр. Алсак, Шаршен бир эле аспаптын бир бетине үч кулактуу комузду, экинчи бетине эки кулактуу домбыраны чаап алып, комуз-домбыра деп атап чертип жүрөт. Маселен, Шакен комузда кыргыз күүсүн чертсе, ачып көздү жумгуча экинчи бетин тегерете коюп, домбырада казак күүсүн таңшытыптыр. Залкар шайырдын комуз-домбырасы азыркы күндө тарых музейинде сакталууда.

Ар тараптуу шыктагы Шаршендин жеке чыгармачылыгынын бактысы, тагдыры Кеңеш доорунда ачылат. Ал 1931-жылдан 1936-жылга чейин кыргыз музыкалуу драма театырында, 1936-жылдан 1942-жылга (кайтыш болгончо) чейин кыргыз филармониясында артист болуп иштейт.

1939-жылы белгилүү москвалык музыка изилдөөчү, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери Виктор Сергеевич Виноградов - Шаршендин өзүнүн ырдоосунда «Маруся», «Ичинен кайырма» аттуу ырларын желим табакка жазып алат.

1970-жылы Виктор Виноградовдун жеке архивинен (казынасынан) бул тасманы көчүрүп, бир үлгүсүн кыргыз радиосунун алтын казынасына өткөрдүм.

Маруся

(Сөзү, обону Шаршендики)

Маруся совхоздо экен,
Жолдошу водхоздо экен.
Маруся үйдүн бурчунда,
Мен үйдүн сыртында.

Тамшантып жаркылдайсың, Маруся,
Жалтылдап алтындайсың, Маруся,

Жай күнү көңүлдүү,
Салкындайсың, Маруся.
Жумшаксың, балдайсың.
Маруся!
Жашысам, шаңкылдап күлүп
Табалайсың, Маруся.

Куттубек курган улуулар айылы

Жумгалдык куруучу Куттубек Смадилов

Айтылуу Жумгалдан чыккан тарыхый инсандарга арналып курулган эстеликтер Чаек айылынын ордолуу маданий очогуна айланып калды. Эстеликтерди жасоого, коюуга кеткен каражатты эл өзү көтөргөн

Жаңы түтүн булаткан жаштар эстеликтер алдында таазим кылып, Чаекке келген чет элдик меймандар атайын кайрылып өтчү тарыхый-маданий жайдын кантип курулганын сурап кабарчыбыз Бекташ Шамшиев «Ак тилек Айя» жоопкерчилиги чектүү коомдун жетекчиси Куттубек Смадиловго кайрылган.

- Куттубек мырза, оболу Жумгалдын тарыхый инсандарынын эстелигинин кантип курулуп калганына токтоло кетсеңиз.

Куттубек Смадилов: - Эстеликтердин саны 14, жумгалдыктардын демилгеси менен курулган. Район борборунда эчтеке жок. Архитектор Темирбек Сапаралиев ушул жердин долбоорун чийип, тарыхый инсандардын эстеликтерин курмай болгонбуз. А кездеги райкеңештин төрагасы Мусаев Болоткан, чоңдордун баары чогулуп келип ушул жерди тандашкан. Курулушту мага тапшырышты. Ишсиз жүргөн жигиттерди чогултуп, ушул жумушту баштап, үч айдын ичинде курулушту бүткөрдүк. Айкелдерди атбашылык скульптор балдар жасап беришти. Бизде андай адистер жок экен, анын үстүнө айкел абдан кымбат турат экен. Бизге арзаныраак жасап беришти.

Анан бу эстеликтерди кура келгенде ар биринин өзүнчөлүгү болот экен. Кимдин эстелигинен баштайлы дегенде талаш башталып, ага-туугандары кийлигишип, бирок биз бекитилген долбоор боюнча курулушту кура турган болдук. Биринчи эстелик Мыскал эжеден
башталды. Жакшы курулду. Куйручук атага келгенде түшкү тамак маалы эле, эстеликти долбоордон 50 сантиметр алдыга жылдырып алыппыз. Түштөн кийин келсем эле эстеликтин жерпайы алдыга жылып калыптыр. Чоңдор келбесе экен деп коркуп атабыз. Балдар менен ордуна тургузуп койдук.

Качыке баатырга келгенде туугандары келип, бетонду өздөрү куймай болушту. Анан партиялык ишмерлерге, мурунку министрлерге келгенде кыйналдык. Баары эле бийик туруп калышат. Бүбүсара эженин эстелигине келгенде бир жума кыйналдык. Келсек эле 5 сантиметр ары жылып туруп калат. Анан бир күнү куран окутуп балдарга “таза келгиле”, деп айттым. Анан “таза келген” балдар тургузуп, бетонун куйганбыз.

Эстеликтин жерпайынын негизин кечинде коюп, эртеси келсек эле бираз жылып кеткен болот. Мына ушул 14 инсандын ар биринин өзүнчө өзгөчөлүгү бар экен. Ошентип курулушту бүтүп, ачылышы чоң салтанат менен өттү. Бирок куруучуларга сөз тийбей калды. Бүт эле келген коноктор сүйлөп, биз бул жакта эле калдык. Бул жерге үйлөнгөндөр келишет, чет элдик туристтер келишет. Сыймыктангыдай эле жер.

- Айтып атасыз акимчиликтин алдындагы курулуш чала бүттү деп. Ооган согушунда курман болгондорго эстелик куруу демилгеси көтөрүлүп келатат дедиңиз.

Куттубек Смадилов: - Биздеги ооганчылардын төрагасы Осмонов Мирбек деген бала бар. Ошол келиптир. “Кыргызстандын бардык жеринде Ооганда курман болгондорго эстелик курулуп жатыптыр”, дейт. Мен курулушуна макулдугумду бердим. Макети жасалган экен. Жумгалдык депутаттарга кайрылдык. Президенттен суранып көрөлү деп атабыз. Анткени скульптурасы эле 300 000 сом турат экен. Калган жумушуна эл деле жардам бермек.

Президентке кайрыла албадык. Жери деле чечилген. Бөлүп койгон. Акимибиз “бол эле бол” дейт. Ошого акчаны президенттик фонддон бөлдүрүп берсе жакшы болор эле. Ошол ооганчылардын эстелиги эле турбай жатат. Улуу
Атамекендик согушта курман болгондордун эстелиги бар. Жумгалдык белгилүү инсандардын эстелиги бар.

Чаек айылында анчалык деле кооз жерлер жок. Оогандыктарга эстеликти жөн эле куруш керек эле. Анын ичинде Баткенде курман болгондордуку да бар. Ушуга өкмөт көңүл буруп 500 000 сом бөлүп койсо калганы элдин күчү менен эле бүтүп калмак. Айтпадымбы, скульптурасына көп акча кетет экен. Калган жумушун акимибиз баш болуп, айыл өкмөттөрү жардам беребиз деп турушат. Президент жардам кылып койсо Жумгалга келгенде ушул жерге оогандыктарга эстелик тургуздум деп айтса жарашмак. Ооган согушуна катышкандардын саны деле азайып баратат.

- Куттубек мырза, ишиңизге ийгилик болсун!

Амал-аргаң кандай, адабият?

Эгемендик жылдары саман-топону аралаш китептер арбын чыкты. Кайсы бир уруу менен уруктун мактанычына арзыган инсандар тууралуу көпшөк чыгармалардын күнү тууп, ыр жазуу колу бош инсандардын эрмегине айланганына эч ким таңданбай деле калды.

«Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» пикир алышуусунун меймандары: жазуучулар Илгиз Талип менен Токтобай Мүлкүбатов улут адабитянынын учурдагы абалы тууралу кеп кылышат.

- Илгиз ага, азыркы адабиятттын ахывалы тууралуу пикириңиз кандай? Себеп дегенде ал жөнүндө кеп кылганда эле арыз-армандан башка кеп айтылбай калды.

Илгиз Талип:
- Жаңы муун, көч артынан көч келүүдө. Тыным болуп калды деп айтыш кыйын. Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков атабыз, Чыңгыз Айтматов агабыз жашаган доордо чыгармачылыкка аралашкандардын баары ошондой чыгарма жазсак экен тилеги менен көбүрөөк алектенип калдык окшойт.

- Токтобай ага, сиз тарыхый темага кайрылып келатасыз. Мурда бул темага кайрылуу опурталдуу болчу. Азыр кол-жол бош. Бирок да кокту-колот баатырларынан өйдө көтөрүлгөн чыгармалар аз жазылууда. Адабияттын азыркы абалы тууралуу пикириңиз кандай?

Токтобай Мүлкүбатов: - Азыр деле адабиятта мурдагы кылымдын 70-жылдарындагыдай дымып калуунун үстүндө олтурабыз. Азыр деле чыгармалар чыгып жатат. Бирок алар кокту-колот баатырларын мактап жазмай, ыр китептерин түзмөйдөн өйдө көтөрүлбөй жатат. Жакшы чыгармалар жазылып жаткандыр, бирок алар элге жеткиче жакшы боло албайт. Ар нерсе өзүнүн идеологиясы менен өнүгүп келген. Токтогул баш болуп эл шайырлары элге сөз өнөрүн тараткан. Эл ошолордун сөзүн, ырын угуп сөз кадырын бийик тутутшкан. Анан мезгилине жараша Павлик Морозов чыкса, кыргыз адабиятында ал Кычан Жакыпов менен түгөлдөнгөн.

Мына азыр бизде эмне үчүн Ч.Айтматовдун сыйлыгы Т.Касымбековдун сыйлыгы белгиленбейт? Поэзия боюнча эмне үчүн С.Эралиевдин сыйлыгын уюштурганга болбосун? Көзү тирүүсүндө эле жарыялаш керек.

- Илгиз ага, калктын белгилүү бир саны, айталы, 3 – 7% китеп окуса адабияттын өнүгүшүнө ал жакшы шарт түзөрү айтылып келатат. Азыр китеп дүкөндөрүндө китеп толтура турганы менен элдин көбү китеп окубайт.

Илгиз Талип: - Биздин муунда китепке сый-урмат күчтүү. Ар бирибиздин үйүбүздө 1000 жакын китеп бар. Андан аз эмес. Китеп сатып алыш, издеш, анан аны окуп чыгыш өзүнчө бир дилгирлик менен жасалчу. Азыр эми ошол жыйылган китептердин көбү кокту-колот баатырлары тууралуу чыгармалар. Мисалы, Хан Ормон, Балбай, Байтик, Медет датка, Жайыл баатыр. Деги айланайын, сан жетпеген китептер тирелип турат. Жана айтылган Морозов, Кычан, Стахановдорду каарман кылган адабият болгон.

Мына эми азыр алардан үлгү ала турган адабий каармандар кимдер? Буржуазиялык дүйнөдө массалык маданият үстөмдүк кылып, сары басылмалардын күнү тууп жатпайбы! Адамды асылдыкка чакырган көркөм дүйнө сыртка сүрүлүп, адамды тескери жолго тарбиялай турган нерселер басып кетти. Азыр китеп окуюн деген бала жок.

- Массалык маданият демекчи, азыркы жаштардын бир “жылдызы” Түгөлбай Сыдыкбеков комузчу деп балп эттирип салды. Журналисттердин иликтөөсү жаштардын, болгондо да студент жаштардын көбү Атай, Ыбрай, Муса деген элдик таланттар ким экенин билбей тургандыгын айгинеледи. Токтобай ага, жаңы муундун чыныгы көркөм сөздөн алыс калып калышы кандай натыйжага алып келиши мүмкүн?

Токтобай Мүлкүбатов: -
Жаштарды тарбиялаш керек. Жаштар Интернетте олтурушат. Борбор Азия академиясынын программасы боюнча Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстанды кыдырдык. Бир ай ичинде көп жерлерде болдук. Бир машине китебибиз бар эле. Ошолордун көбүн эл сатып алышты. Калк китепке суусаган экен.

- Илгиз ага, адабиятты элге жеткириштин дагы кандай жолдору бар?

Илгиз Талип: - Көп жерлерде, мисалы, чет өлкөлөрдө ошол радиону колдонуп келатышат. Биздин классиктер, айталы, Чыңгыз аганын чыгармаларын табак түрүндө чыгарып коюшат экен. Жолдо бараткан жүргүнчүлөр аны коюп коюп угуп кете беришет.

- Токтобай ага, Жазуучулар союзу бийлик башчылары, мамлекеттик катчы, президент менен жолугушуп жатышат. Көп маселелер козголот. Ошолордон жыйынтык болуп жатабы?

Токтобай Мүлкүбатов: - Натыйжа болсо ал угулат эле, көзгө көрүнөт эле. Азыр өнөр жайыбыз мынча, айыл чарбабыз тигинче өсүп жатканын айтып жатышпайбы. Ошону өкмөт айтпай, жазуучулар, өнөр адамдары айтса кыйла жугумдуу болмок. Мен жанатан бери идеология жөнүндө айтып жатпаймбы. Өзбекстан, Түркмөнстанда бул маселе чечилген. Мен көркөм чыгармачылыкка мамиле кандай болушу керектигин көрсөтүп президенттин өзүнө 2- 3 жолу кат жаздым. Жоопту башкалар беришти. Бизде президенттер көп окшойт деп ойлоп калдым. Орусиянын өкмөт башчысы В.Путин президент кезинде жылына 1,5 миллион кишинин катына, өтүнүчүнө өз атынан жооп бергенин уккам.

Илгиз Талип: - Жазуучулар союзу аны аткарса жакшы болот эле. Бирок алар жаатташып алып талаштан башы чыкпай жатышпайбы. Бул саясат эмес да. Карапайым калктын арыз-муңу эч жерден чечилбей калганда анан бийлик башындагыларга кайрылат. Элдин көңүлүн калтыруу ушул жерде башталат. Биртоп аттуу-баштуу адамдардын президент, акимчилик башчысына, катчыларга жазган каттарына жооп албаганын айтышат. Аны өз башымдан да өткөрдүм. Менин а кездеги мамлекеттик катчы А.Мадумаровго жазган катым жоопсуз эле калды.

- Урматтуу мырзалар, ишиңиздерге ийгилик болсун!

2008: Саясий күрөш эмнеси менен эсте калды?

Өлкөдөгү оппозициялык күчтөр Бириккен элдик кыймылды түзүштү. 24-декабрь,2008-жыл.

Кыргызстанда өткөн жылдагы бийлик менен оппозиция ортосундагы саясий күрөш эмнеси менен эсте калды? Бул өңүттө жыл башында коомдук саясий чөйрөдө түрдүү көз караштар айтылууда.

2005-жылкы март ыңкылабынан берки жылдардан айырмаланып жаңы узаган жылы Кыргызстанда жамы журтту катыштырган массалык нааразылык акциялары болгон жок. Коррупциялык башкаруунун туткунунда калды, ыңкылаптын талаптарын аткарган жок деп, азыркы бийликке каршы чыккан саясий күчтөр жылы бою маселени кеңсенин ичинде чечүү, күч топтоо, баш бириктирүү, башкаруу системасынын жаңы концепциясын даярдоо, АКШнын, Орусиянын саясий чөйрөлөрүнөн колдоо издөө, президент Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүүгө жол табуу аракетинде болушту.

Бийлик болсо күчүн дагы бекемдөө, демилгени алдырбоо менен алектенип, аны бир катар мыйзамдар менен бышыктады. Талдоочулар буга мисал катары “Жарандардын митингдерди, демонстрацияларды куралсыз, тынч өткөрүү жөнүндөгү” мыйзамдын кабыл алынышын, Коомдук палатанын түзүү демилгесин, президенттин алдындагы Эл аралык стратегия институтунун кайра түзүлүшүн, оппозициядагы Исмаил Исаков, Аликбек Жекшенкулов өңдүү мурдагы мамлекеттик кызматкерлерге каршы кылмыш иштеринин козголушун, көз карандысыз, оппозициялык көз карашты тутунган эки маалымат каражатынын жабылышын, мамлекеттик жана бийликке ыктаган басма сөз аркылуу жасалган маалымат чабуулдарын айтып жатышат.

- Мамлекеттик ар бир кызматкердин артынан мыйзам бузууну тапсак болот. Анткени, азыр антпей иштөө мүмкүн болбой калды. Ошондуктан азыр расмий бийлик бир аз ката кетирип атат окшойт. Оппозициянын өкүлдөрүнө коркутуу тактикасын көрсөтүп атышат. Бул тескери көрүнүш, - деген оюн айтты “Азаттыкка” берген интервьюсунда саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев.

Өткөн жылы мурдагы жылдардан айырмаланып бийлик менен оппозициянын ортосунда бир үстөлгө отуруу, кызматташуу аракеттери байкалган жок.

Бийлик менен оппозициянын кызматташтыгы Кыргызстан үчүн керек деп эсептеген талдоочулардын бири Жолборс Жоробеков мындай пикирде:

- Бийликтин оппозицияга болгон мамилесин, албетте, конструктивдүү деп айта албас элем. Менин каалоом боюнча бийлик оппозиция менен кандайдыр бир жакындашууга барыш керек эле.

Бирок саясат таануучу бийликтин жүз бурбай жатышын оппозициянын алсызданышы, жөндүү сунуштарды бере албагандыгы, баркынын кетиши, демилгесиздиги менен байланыштырды.

Бийликтеги саясатчылар оппозициянын ашынган радикалдык маанайы бийликти иренжитип атканын айтышууда. Парламентте көпчүлүк орунга ээ “Ак жол” партиясынын мүчөсү, депутат Бейшен Абдырасаков мындай дейт:

- Маселен, оппозициячылар дүйнөлүк экономикалык кризистен кантип чыгабыз, электр жарыгы жок, бир жылдан бери өчүрүп атат, бул проблеманы кантип чечебиз деген өңдүү маселелер боюнча жакшы бир сунуштарды жиберсе, эл деле жакшы көрмөк, бийлик деле жакшы көрмөк, аброю көтөрүлмөк. Анан жанагинтип саясатташтырып, кечке эле папке талаша бергенден булар аброй ала албайт.

Оппозициядагы лидерлер болсо оппозициянын сунушу президент Курманбек Бакиевдин башкаруу системасынын тушунда эч качан колдоого алынбасын бөркүндөй көрүшүп, бул өз кезегинде радикалдык кадамдарга түртүп жатат деген ишенимде болушууда:

- Бийлик оппозициянын сунуштарын укканга ачык да, көмүскө түрүндө да аракет кылган жок. Мамилелер келишкис түргө, аракеттер радикалдык түргө айланып бара жатат, - деди “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Саясат таануучу Аскарбек Мамбеталиевдин ишениминде, өткөн жылы бийликтен айырмаланып оппозиция саясий күрөштүн жаңы жолдорун ачууга аракет кылды. Ал эми бийлик болсо коммунисттик мезгилдегидей эле Орусия өндүү карылуу мамлекеттердин караанына жамынып, башкача өнүгүүнү каалаган саясий күчтөрдү кысмактап, баш көтөртпөө менен жылды өткөрдү. Бийликтин бул ыкмасы ички саясатты быйыл татаалдантып жибериши толук ыктымал, дейт талдоочу:

- Европалык бир топ изилдөөчүлөр Кыргызстанда эч кандай өзгөрүү болбойт, Бакиев ордунда калат деп айтып атышат. Бирок мен ойлойм ушундай репрессивдүү, авторитардык бийлик көпкө чыдабайт.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алманбет Матубраимов өлкөдө ырааттуу саясат жүрбөсө саясатчылардын айыгышын күтүп отурбай эле эл өзү көчөгө чыгып кетиши толук ыктымал дейт:

- Биз жалган айтып, эртең антебиз-минтебиз деп сөз бергенден башка конкреттүү эч нерсе жасай элекпиз. Мына ушундайга келдик, эмне кылышыбыз керек деп эл менен кеңешип туруп кыйынчылыктан чыгуу керек. Эл алдаганга тоюп бүттү, саясат кандай экенин, кайда алып барарын түшүнүп калды. Эл кокустан көтөрүлүп кетсе чоң жоготууларга учурап калышы мүмкүн.

Ал эми Бекбосун Бөрүбашевдин пикиринде, өтүп кеткен жылы оппозиция да, бийлик дагы саясий күрөштүн жаңы жолдорун издөөгө аракет кылып, бирок андан майнап чыгара албай коюшту. Талдоочунун баамында, бул эки жээктеги саясий күчтөрдүн тең артында социалдык базанын жоктугун далилдеди.

Алайкууда төрт айыл он күндөн бери туюкта

Алайкууга кар калың түштү.

Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүнө жылдын акыркы 10 күнүндө 1,5 - 2 метр кар жаап, 100 чакырымдай автожол бөгөлдү. Аймактагы төрт айыл өкмөтүнүн 20 миңдей калкы тыш дүйнө менен байланышсыз калды.

Менчик машинеси менен эл ташыган айдоочу Керим Өмөрбеков 13 күндөн бери жол тазаланбай жаткандыгына, Алайкуу өрөөнүндөгү төрт айыл өкмөтүнүн 20 миңдей калкы тыш дүйнө менен байланышсыз калгандыгына катуу кабатырланды. Себеби, кар калың түшкөндүктөн, мамылар кулап, электр энергиясы жок, телефон түйүндөрү кыйраган.

-Мага толук 13 күн болду себеби, бизде жолго аябай оор кар жаап ошонун эсебиниен кете албай жатам. Байланыш болуп калды эле, жакында “Бител” компаниясы ачып, аныбызды да шамал алып байланыш жок. Свет жок дейт, ошол кар жаагандан бери. Биз төрт түлүк мал менен оокат кылгандан кийин мал дагы талаадан от алып жей албаса, элибизде аябай эле кыйынчылык болуп жатат болуш керек.

Оштогу жогорку окуу жайлардын биринин студенти Бегимайдын айтуусуна караганда, 200 чакты курдашы кышкы каникулга чыгып, бирок Алайкууга жете албай олтурушат. Жаңы жылды моминтип жолдо тосушту.

- Жол жок. 24-декабрдан бери кете албай жатабыз. Андан бери ата-энебиз менен байланыша албайбыз. Студенттер акчабыз жок, алар да бизди күтүп жатышат. Жаңы жылга бара албай калдык үй-бүлөбүз менен тосуш керек эле. Алайкуунун жолу жылда эле ушундай. Студенттер ушинтип жолдо калышат.

Жолдо калып үйүнө жетпей калган жүргүнчүлөр арасында балалуу келин да бар.
Ызаланган Бегимай чыдамы түгөнгөн жердештери артка кайтып, транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулаймановго каршылык акциясын уюштуруу ниетинде турушкандыгын да айта кетти.

Көгарт айылынын тургуну Фархат Апызаков 20 миңдей калкты райондук жана облустук борбор менен байланыштырган жападан жалгыз Кара-Кулжа-Алайкуу автожолун кыргыз өкмөтү өзгөчө камкордукка албаса, мындай кыйынчылыктан тажаган калк чегараны таштап, башка аймактарга көчүп кетиши ыктымалдыгын эскертти.

-23-декабрда жолго чыккам, бүгүн болсо бири болду. Эгерде ошол убакта эле убактысында эле ар айылга бирден бульдозерду коюп койсо, сүрүп-сүрүп бүтмөк да. Болуп көрбөгөндөй кар жааптыр 2 метр кар. Балким ал жакта деле көчкү жүруп жаткандыр, аны кайдан билишет. Өздөрү бир жерде майрамдап, айылдагылардын эмне болуп жатканы менен эч кимдин иши жок.

Фархат Апызаковдун пикиринче, он күндөн бери тыш дүйнө менен байланышы жок, калкынын жана мал-жанынын түгөлдүгү белгисиз Алайкуу өрөөнүнүн элине кыргыз бийлиги вертолет менен учуп барып болсо да кабар алып, акыбалын сурап коюуга милдеткер эле.
Кара-Кулжа районунун акими Айтмамат Осмонов менен байланышсак, учурда кырсык баскан аймакта жолду тазалоо жумуштары кызуу жүрүп жаткандыгын маалымдады.

Анткени менен Каракулжа райондук автожол ишканасынын өкүлү Анарбек Кадыров Алайкуу жолун ар дайым оң акыбалда кармоо кыйынга тураарын жашырган жок.

-Чындап 10 жыл мурун өтө эле кыйналып кеткенбиз, кудайга шүгүр азыр жакшы. Кыскасы андай-мындайлар жетиштүү. Техника жагы бизде эски, союз кездеги техникалар. Тоо жеринде бузулат экен. Анан азыр анын тетиктери да жок болот экен издейбиз . Тетиктер келгенче жол бүтөлүп эле калып жатат. Эми кол менен болсо дагы ачып жатабыз. Кар жааганда чындап жол жок болуп калат.





Б. Бөрүбашов: Оппозиция элди көтөрбөй, шайлоого камынганы оң

Оппозиция жаңы жылдын алдында жаңы күчкө биригип, бийликти кулатуу максатын жар салды.

Кыргызстандагы саясий күрөштүн тажрыйбасы тууралуу “Азаттыкта” саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Бекбосун Бөрүбашов ой-пикир бөлүшөт.

- Өзүңүз билесиз приздент Бакиевдин бийлиги саясатка эмес, экономикага артыкчылык берээрин жылы бою айтып келди. Оппозиция болсо өткөн жыл саясий куугунтуктардын жылы болду деп баалап жатат. Кыргызстандагы саясий күрөштүн былтыркы тажрыйбасына байкоо жүргүзө алдыңызбы сиз?

-Эми аракет кылдык. Биринчиден, 2008-жылда бизде саясий туруктуулукка жетиштик деп айтсак болот. Анткени, эки жак тең - оппозиция да, бийлик дагы өзүнүн ресурстарын былтыркы жылдын башында толук пайдаланып бүтүштү. Ошон үчүн булар саясий тыныгуу кылып жаткансыйт. Бирок ошол эле убакта көп маселе чечилбей калды. Мен эки-үчөөнө токтоло кетейин.

Бизде мисалы экономикалык өсүш начар болду. Андан кийин айыл чарбасын өнүктүрүүнүн жакшы жолун таба албай жатабыз. Дагы бир маселе - мамлекеттик башкаруунун натыйлалуу формасын таба албай, аймактык административдик реформаны жүргүзө албай жатабыз да.

Айтып кете турган нерсе, бизде100дөн ашык саясий партиялар бар, алардын үчөө парламентте отурушат өзүлөрүнүн өкүлдөрү менен. Мына ушулар саясий күрөшкө, саясий ишке даяр эместигин толук көрсөтүп койду деп айтсак болот.

Кыргызстан үчүн эң чоң маселе корупция маселеси, корупцияны биз ооздуктай алган жокпуз. Мына ушундай кемчиликтер менен жылды аяктадык. Бирок ошол эле убакта эки жак тең, оппозиция да, мамлекеттик бийлик дагы күрөштүн жаңы формаларын таап, издеп ошого барганга аракет кылып жатышат. Аларды биз түшүнсөк болот. Анткени эки жактын тең социалдык кеңири баазасы жок.

- Быйыл эски жылдын этегинде, сиз деле маалымдар болсоңуз керек, мурдагы министр Исмаил Исаков, андан мурдараак дагы мурдагы министр, азыр оппозицияда жүргөн Аликбек Жекшенкуловго окшогон бир топ оппозициячыларга кылмыш иши козголгон экен. Жогорку Кеңеш жакында аскердик кызмат өтөө жөнүндөгү мыйзамда аскерлерге милицияга кол кабыш кылуу укугун берди. Андан тышкары экстремистик-террорчул көз караштагыларды аныктай турган экссперттик топ түзүүнү парламент өкмөткө тапшырган экен. Ушул өңдүү жагдайларды оппозиция тоталитардык бийликтин белгилери катары карап жатат . Сиз кандай дейсиз?

-Баягы расмий бийликке жакпаган адамдарды куугунтуктоо көнүмүшкө айланып калды да, бул чындыгында туура эмес. Исмаил Исаков Коргонуу министрлигинде көп реформаны өткөздү. Бул кишинин эмгеги чоң чынында.

Эми мындай карасак, мамлекеттик кызматта иштеп жүргөн чиновниктин артынан ар кандай мыйзам бузууну тапса болот. Анткени азыр ансыз иштегенге болбой калды, ошон үчүн менимче расмий бийлик бир аз ката кетирип жатат окшойт. Оппозициянын өкүлдөрүнө коркутуп-үркүтүү тактикасын колдонуп жатат, бул тескери көрүнүш.

Ал эми биринчи маселе боюнча: аскер кызматкерлери милицияга баягы ар кандай козголоңдордун убагында жардам бериши туура эмес. Чындыгында аскерлерге караганда, менин маалыматым боюнча Кыргызстанда милициянын саны көп. Ошон үчүн бизде аскер кызматын колдонуунун кажети деле жок болчу. Дүйнөлүк тажрыйбада мындай нерсе өтө сейрек кездешет, бул тескери көрүнүш деп айтсам болот.

- Азыр эми ушул оппозиция башкаруу системасын күч менен алмаштырабыз деп опуза кылгандай түрдө болуп жатат. Жазында массалык акциялар болушу мүмкүн, ушул маселенин реалдуулугу канчалык?

- 2009- жылы президенттик шайлоого жакындап калабыз, анткени бир жыл калат да. Экинчи жагынан, дүйнөлүк жана өзүбүздүн ички кризис өтө эле күчөп кетсе, анда оппозиция чыгышы мүмкүн.

Бирок азыр оппозиция өз алдынча чыга албайт. Анткени оппозиция социалдык базасын издеп жатат. Эгерде эл арасында нааразылык күчөп кетсе, ошол убакты оппозиция пайдаланып чыгып кетиши мүмкүн.

Ошон үчүн расмий бийлик буга жол бербеш үчүн эң биринчи социалдык-экономикалык маселерге көңүл буруш керек, бул негизги маселе. Экинчиден, жанагы саясий бийликти конституцияга каршы жол менен алыштын эч кандай кажети жок, анткени мына шайлоо жакындап келе жатат.

Эгерде саясий күчтөр өзүнүн тактикасын өзгөртүп жакшы иш алып барса, 2010-жылдагы президенттик шайлоону бузбай- жарбай, ак-так өткөзсөк элге керектүү адам шайланып калышы мүмкүн да. Азыр элди көтөрүштүн эч кандай кажети жок.

Ж. Акенеев: Газ болгон жердин баарында баа кескин өсөт

Жаңы жылда электр каат, газ кымбат болуп эл башына кыйынчылык түшүүдө.

Кыргызстан жаңы жылда жаратылыш газын Өзбекстандан 240 доллардан сатып ала турган болуп келишим түздү. Энергетикалык жактан мукурап турган өлкөдө газдын кымбатташын эл көтөрө алабы? “Азаттыктын” суроолоруна экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев жооп берет.

- Өзүңүз билесиз Кыргызстан газды быйыл 240$ сатып алат экен. Энергетикалык жактан ансыз да мукурап турган бүгүнкү шартта мунун өлкөнүн ички экономикасына жагдайы кандай таасир этиши мүмкүн деген суроо туулуп жатат.

- Мына жылдын акыркы күнүндө миң кубометри 240 доллар деп келишимге кол коюлду. Мен ойлойм, бул эми биздин экономикабызга абдан оор кесепетин берет. Себеби былтыр 145 доллардан алганбыз. Былтыр биз өзүбүз ички кризиске учурап , электр энергетика каат болуп, ишканаларды, үйлөрдүн бүт баардыгын үч фазалуу кубаттан ажыратпадыкпы эч нерсесин калтырбай, электрди экономдойлу деп.

Эми азыр айла жок газды колдонууга туура келет, тамак жасаганга, үй жылытканга, башка иштерге. Биздин чоң ишканалар да газ менен иштейт. Мына Токмоктогу айнек чыгаруучу завод, Канттагы цемент шифер комбинаты, Бишкектин ТЭЦи. Мен ойлойм ушунун баардыгы түздөн-түз жанагы баанын өйдөлөшүнө аргасыздан абдан чоң таасирин берет, инфляцияны күчөтөт.

Кайсы жерде газды пайдаланабыз, колдонобуз ошол тармакта баалар кескин өсөт. Карапайым эл нан алабы, башкасын алабы, айтор канча процентке газ кымбаттаса, баалар ошол процентке өсүшү мүмкүн. Бул бизге өкүнүчтүү окуя болду.

- Жумакадыр мырза айтсаңыз, жалпы эле ушул каржылык кризистин капшабында Кыргызстанда келерки жыл кандай болот деп божомолдоп жатасыздар?.

-Эми биз айтып айтпадык белек былтыр, дүйнөлүк кризис Кыргызстанга Казакстан, Россия жана биз менен байланышкан башка мамлекеттер аркылуу кирип жатат деп. Эми ошол кризистин түздөн-түз кесепети жылдын аягында тийе баштады. Мына ошол эле цемент-шифер комбинаттын жааматы толугу менен бир жарым, эки айга отпускага кетти.

Андан тышкары азыр угуп жатабыз, мына “Пирамида” телеканалы да өзүнүн жамаатын отпускага кетирди деп. Ошонун баардыгы аз-аздан келип мына бизге тийип жатат. Жанагындай үйлөрдүн арзандашы, квартиралардын арзандашы, себеби азыр курулуш да токтоп калды. Ипотека кредити берилбей калды. Экономикабыздын ансыз деле кичинекей көлөмү андан да азайышы мүмкүн.

Бул эмнеге алып келиши мүмкүн? Эмдиги жылкыга бекитилген бюджет, ички дүң продукциябыз 2009-жылы аткарылбай калышы мүмкүн. Бул эми түздөн-туз айлыктарга, пенсияга, бүт баардыгына өзүнүн таасирин тийгизиши мүмкүн.

- Бир топ талдоочулар анын ичинде сиз дагы ушул Кыргызстанды сактап калуу үчүн инвестицияга келиш керек деп жүрөсүздөр. Россия эки миллиард доллар инвестиция берээри тууралуу эки жылдан бери убада кылып келе жатат. Ошону Кыргызстан ала алабы, аны алыш үчүн эмне керек? Сиз жетектеп жүргөн "Түштүк Корея" фонду кандайдыр бир инвестиция алып келе алабы.

- Россия менен келишимге кол коё элек, бул болсо призденттин деңгээлинде айтылган. Быйыл январь, февраль айында тийиштүү мекемелер-ишканалар түздөн-түз ошол келишимди түзүшү керек. Биздин "Түштүк Корея" фонддун айтсак, мына 16-декабрь күнү кол коюлду. Баш-аягы 261 миллион доллар турган долбоор.

Эми биз жактан сөзсүз мынабу январь, февралда инвестиция боюнча иштер башталат. Былтыр анча-мынча шарт жакшы жагына бурулуп, инвестициялык кеңештин алдындагы жумушчу топ абдан жакшы иш жүргүзүп жатат. Бул ошол инвесторлорду биздин мамлекетке тартууга шарт түзүп жатат.

Мен ойлойм, дүйнөлүк кризис жалпы өнүккөн мамлекеттерден инвесторлордун келишине анча-мынча таасирин көрсөтөт деп. Ошондуктан эч нерсесине карабай инвесторлорду тартуу боюнча жана экономиканын шартын жакшыртуу боюнча жумушту биз эс алуу кундөргө карабай башташыбыз керек.

Ошол эле газды алып көрөлү. Мына биз баягы эле Өзбекстандан газ алабыз деп эле ошондон башка жолдорду издебей жатабыз. Ошол эле Өзбекстандан мына Россия 145 доллардан газ алып жатат. Биз ошол Россия менен келишим түзүп алар менен сүйлөшүшүбүз керек.

Булардын баазасы бизде болгондон кийин мүмкүн биз Россиянын газын, ошол эле Өзбекстандан же болбосо түркмөн газын арзан алууга мүмкүнчүлүк бар да. Газ боюнча сүйлөшүүлөрдү жыл боюнча өткөрүш керек, жылдын аягында эмес.

Көгүлтүр от көйгөйү

Жаңы жыл алдында Кыргызстан Өзбекстандан газдын миң кубометрин 240 доллардан сатып ала турган болуп келишим түздү. Байкоочулар газга баанын көтөрүлүшү карапайым калкка оорчулук келтирерин айтышууда.

Өзбекстан менен оңойго турбаган сүйлөшүүлөрдөн кийин кыргыз тарап газ акысын 240 АКШ долларга баалады. Буга чейин коңшулар газдын бир миң кубун дүйнөлүк баада 300 доллардан сатабыз деп кыр көрсөтүп келишкен. «Кыргызгаз» ишканасынын жетекчиси Саламат Айтыкеев газ маселеси боюнча кыргыз-өзбек ортосундагы сүйлөшүү ийгиликтүү болбосо дагы эки тараптуу контракт түзүлгөндүгүн «Азаттыкка» билдирди.

Маалыматтарга караганда быйыл Өзбекстандан 650 млн. кубометр газ сатылып алынат. Өзбекстан газдын миң кубун 240 доллардан сата турган болсо, ички керектөөлөргө дагы көгүлтүр отундун баасы жогорулайт.

-Бүгүнкү күндө бардык эле жарандар колунда бар бардар эмес да. Күндөн күнгө кыйынчылык болуп баратат,- дейт парламенттеги «Ак жол» фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов:

Жамалдинов белгилегендей, ички керектөөлөргө газга баанын жогорулашы канчалык таасирин тийгизери тууралуу Жогорку Кеңеш дагы, тиешелүү комитет дагы азырынча көңүл бура элек. Балким депутаттар бул маселеге каникулдан келишкенден кийин кайрылышы мүмкүн.

Көгүлтүр отунга баанын кымбатташы барып-келип карапайым калктын жашоо шартына терс таасирин тийгизип, азыркы эптемей жашоосун мындан дагы оорлотушу толук ыктымал.

- Мурдагы газга төлөмдөрүн төлөй албай али күнчө карыз болуп келаткандар канча. Эми газдын баасы дагы жогоруласа карапайым калктын кабыргасын кайыштырат, - дейт «Жети-Консенсус» куруучулар ассоциациясынын жетекчиси Сүлөсүн Тотонова.

Өкмөттүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы НазгүлТашбаева учурда газдын кымбатташына байланыштуу компенсация берүү багытында иш чаралар көрүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул маселе боюнча иштелип чыккан долбоорду Эмгек жана социалдык өнүктүрү министрлиги өкмөткө сунуштагандан кийин гана өкмөттүк деңгээлде каралат.

Сүлөсүн Тотонова болсо буга чейин «Аялдардын дискуциялык клубу» менен бирдикте газга баанын кымбатташына байланыштуу алдын ала чара көрүү сунушу менен өкмөткө кайрылышканын айтты:

- Тилекке каршы өкмөттөн эч кандай реакция да болгон жок. Катыбызга жооп дагы ала элекбиз.

Талдоочулардын баамында, буга чейин газдын кубометри катардагы аларман үчүн 7 сом болуп келсе, эми 15 сомго чейин көтөрүлүшү толук ыктымал.

Маалыматтарга караганда, Кыргызстан Өзбекстандан жыл сайын 700 млн. кубометрге чукул көгүлтүр отун сатып алат. 2006-жылы газдын миң кубометрин 55 доллар, 2007-жылы 100 доллардан алган. Өткөн жылы болсо миң кубометр газ үчүн кыргыздар 145 доллардан төлөп келишти.

О. Молдалиев: Президент өз администрациясына ичи чыкпай турат

Президент К Бакиев Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институтту Стратегиялык талдоо жана баа берүү институту кылып кайра түздү. Бул чечимге саясат таануучу Орозбек Молдалиев өзүнүн көз карашын билдирди.

- Орозбек мырза, сиз да бир учурда институттун башчысынын орун басары болуп иштеп калдыңыз эле. Президент өзүнүн карамагындагы изилдөө институтун кайра түзүп жатышына эмне түрткү болду?

- Бул институт 1994-жылы түзүлгөн. Ошондон бери эмне иш жасап атасыңар деген суроо туулуп калат да, институттун өкүлдөрү катышып калган жыйындарда. Эми региондогу жана борбордогу башка институттарга салыштырганда биздин эл аралык институт өз деңгээлине чыга албай жүргөндүгү эч кимге деле жашыруун эмес. Мунун көп себептери болуп атат. Биринчиден, жетекчилердин бат-бат алмашып кеткендиги болуп атат. Жетекчилер алмашкан сайын изилдөөчүлөр да алмашып калып атат. Экинчиден, айлыктары өтө деле жогору эмес. Муну бир топ изилдөөчүлөрдүн барбай жатканынан түшүнсө болот.

Барган жетекчилердин арасында стратегиялык максаттагы изилдөөлөрдү жүргүзгөндөр деле жок. Өзүңөр билесиңер, алардын арасында белгилүү экономисттер, саясат таануучулар – эксперттик баа бере турган адистер болушу керек.

- Чын эле кадрлар ошончолук колдон түшүп калганбы? Кээ бир ошол жерде иштеп кеткен талдоочулар да президенттин бул аракетинен майнап чыкпайт, борбордун багытын толук өзгөртүп, кадрларды толук алмаштырыш керек деп атышат.

- Бул айткан пикирлерге толук кошулса болот. Эми стратегиялык талдоо, баа берүү деп аталганы – уставда ошентип жазылып турат. Атын эмес, эми затын да өзгөртүү керек. Бул жерде конкурстук негизде тандап алуу керек. Эксперттик баа берүү үчүн башына турмуштук тажрыйбалуу адамдарды коюш керек, жалаң эле билим жетишсиз болуп калат. Жаштарды тартуу зарыл. Антпесе, институттун белгилүү басылмалары деле жок азыр. Ар кандай эл аралык уюмдардын жардамы менен брошюраларды чыгарып жүрүшөт. Алардын коомчулукка таасири аз.

Кезегинде ХИПИК боюнча институт өз жыйынтыгын бере алган эмес. Таасири билине баштаган дүйнөлүк каржы кризисине байланыштуу коомчулукка белгилүү, таасирдүү баалары деле жок. Президентке жазган баалары бардыр балким, бирок коомчулук билбейт. Бул институт идеяларды жыйнактап берип турган “акыл ордосу” болушу керек. Ал роль эмес, жөнөкөй институттардын катарына деле чыга албай атат. Ага караганда аз сандагы кишилери менен көп жумуш жасаган өкмөттүк эмес уюмдардын борборлору бар бизде.

- Дагы бир суроо – Кыргызстан президент өзүнүн катчылыгын түздү. Институтту өзгөртүү тууралуу жардык менен удаа кабыл алынган бул чечимге кандай карайсыз?

- Эми албетте, президент өз администрациясынын структурасын каалагандай түзө алат. Ушул эки өзгөртүүгө караганда президент өз администрациясынын иштерине анча ичи чыкпаганы көрүнүп турат. Бул биринчи себеби.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG