Линктер

шейшемби, 23-июль, 2019 Бишкек убактысы 21:25

Кыргызстан

БЭКтеги лидерлердин ашыкча амбициясы - анын кемчилиги

8-январда БЭКтин саясий бюросу кезектеги жыйынын куруп, кыймылдын мындан аркы иш-чараларынын планын бекитти. Ага ылайык, 12-январда БЭКтин улуттук кеңешинин жыйыны болору белгилүү болду.

Бир катар саясат талдоочулардын баамында, бул кыймылдын пландары кыска мөөнөттүү болуп жаткандыктан, алар кандай иш-чара белгилесе да атаандашуу курчуган маалда туруштук бералбай ыдырап кетиши ыктымал.

“Бириккен элдик кыймылдын” саясий бюросу жыйынын жабык эшик аркасында өткөрүп, мындан аркы иш-чараларынын планын тактады. Жыйында ошондой эле саясий бюро БЭКтин уставына ылайык анын жумушчу органы болгон Катчылыгынын жетекчисин бекитишти. Катчылыктын жетекчилигине бюро мүчөлөрү саясий жана коомдук ишмер Асанбек Сарыбаев алып келишти.

Ал эми 12-январда БЭКтин улуттук кеңешинин жыйынында карала турчу маселелер, каржылык жана энергетикалык кризис, сатыкка коюлуп жаткан мамлекеттин стратегиялык тармактары тууралуу болмокчу. Ошондой эле улуттук кеңештин жыйынында февраль айындагы жер-жерлерде өткөрүлө турган иш-чаралардын планы каралып, оппозициядагы саясатчылардын куугунтукталышы сыяктуу маселелер да талкууланмакчы.

БЭКтин саясию бюросунун мүчөсү, “Улуу Биримдик” партиясынын төрагасы Эмил Каптагаевдин айтуусунда, алар азыркы бийликти кетирмейинче талаптарынан кайтышпайт. Ошондой эле ал нааразычылыктары барган сайын күчөп бараткан эл колдоп, азыркы бийликти кетирмейинче алар такыр кеткилери жок экенин айтат:

- Эртең кет десең эле кетип калбайт булар. Булар жанкечти болуп алышты да, карөзгөй болуп алышты. Өзүлөрүнүн чогултуп алган миллиарддарын коргошот. Өзү айтып атпайбы, автомат менен ак үйдү коргойм деп. Автоматын кармап ак үйдө отурат булчу. Ошондуктан жалпы элдин үмүт-тилеги бир жерде топтолуп, айласы кетип калганда эле кетпесе кетпейт бул.

Ошентсе да бир катар саясатчылар “Бириккен элдик кыймыл” койгон талаптарын акыр аягына чейин жеткирерине анча ишенишпейт. Анткени, ар кыл партия жана майда кыймылдардын лидерлери бир чоң кыймылга биригишкени менен ар бири өз партиясында лидер бойдон калып, бийликтен кетүүсүн талап кылып жатышкан президент Курманбек Бакиевге атаандашчу лидер тандай алышпады. Ошол себептүү оппозиция үстүртөдөн бириккендей көрүнгөнү менен кыйла каражатты талап кылчу митинг-пикеттерди уюштурууга, лидер тандоого келгенде пикир келишпестиктерге кабылат дешет.

Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробековдун пикиринде, бийлик бул кыймыл менен сүйлөшүүлөргө барып, тамырын тарта баштаса туура болор эле. Кантсе да бирдиктүү партия же бир лидердин айланасында чогулбагандан кийин кийинчерээк зор кыйынчылыктарга кабыларын айткан саясатчы, бүгүнкү оппозициянын негизги кемчилиги – андагы бардык башы көрүнгөн саясатчылардын амбициясынын чоңдугу экенин баса белгиледи:

- Бүгүнкү күндөгү оппозициядагы биз билген белгилүү адамдардын бардыгынын амбициясы президент болуу. Алардын арасындагы эң эле өзүн начарыраак болуп калдым дегендери премьерликке макул болбосо, калгандарынын максаты, көргөн түшү президенттик.

Газ баасы кымбаттап эле баратат

Өкмөт Өзбекстандан сатылып алынчу «көгүлтүр отундун» баасы быйыл канча болорун бүгүн жарыя кылмакчы. Газ баасы былтыркысынан 95 долларга кымбат болгону менен көлөмү 90 миллион кубометрге аз.

Антишке Өзбекстан газынын кымбаттыгы, ага салыштырмалуу мунай баасынын арзандашы, жылуулук борборлорунун карамай калдыктарын жагууга өтүшү себеп болууда.

Башында 300 доллардан сатылчу Өзбекстан газынын 250 андан 240 долларга кантип түшүрүлгөнү Уй жылынын башталышындагы башкы жаңылык катары маалымат агенттиктеринде илинип турду. Жыл жаңырышын кенен 7 күн майрамдаган кыргыз өкмөтү кечээ газ баасын бычып, аны бүгүн жарыя кылмакчы. Кыргызстандын өнөржай, энергетика отун ресурстары министри Ильяс Давыдов Өзбекстандан бул ирет өткөн жылдагыдан 90 миллион кубометрге аз газ сатып алуу тууралуу келишим түзүүнүн себебин баанын кымбаттыгына, ошондой эле өкмөт мындан ары энергетиканын башка булактарын издөөгө киришерине байланыштырып түшүндүрдү.

Энергиянын башка булактарын издөө көпчүлүк үчүн бүдөмүк түшүнүк. Анын үстүнө ошол эле бийлик мунарасынан байма-бай кайталанган тезек камдоо чакырыгынын жанында энергиянын “альтернатив булагы” илгери үмүт, изги тилек катары кабылданары турулуу иш. Кыргызстан энергиянын жаңы булагын таап чыгышын күтпөй, Өзбекстан жыл сайын табигый газдын баасын бери дегенде 100 долларга көтөрүүдө. Өзбекстандык эксперт Комрон Алиевдин ырасташынча, өкмөт газды чет өлкөлөргө кымбатка сатышка куштар.

- Өлкө ичинде газдын жетишпей жатышынын себеби ички баанын экспортко чыгарган баадан төмөндүгүнө байланыштуу. Мамлекет казынасына, бюджетке каражатты арбын түшүрүү керек болсо газды четке саткан өкмөт үчүн пайдалуураак көрүнөт,- дейт К.Алиев.

Эксперттин пикирин Өзбекстандын Хорезм вилайетинин тургуну Балтабай Базарбаев да ырастап, үлпүлдөп жанган “көгүлтөр отун” көйгөйү айрыкча элеттиктерди кыжалатака салып жатканын айтат:

- Байбыз-байбыз дейбиз, эмнебиз бай. Биздин Өзбекстан тезек жагып жатат. Биздин газды чет мамлекеттер сатып алып жагып жатышат.

Бирок да кымбатбаа Өзбекстан газын сатып алыш коңшуларга деле оорго туруп жатканын Кыргызстан менен Тажикстандын былтыркыдан газды аз сатып алууга келишим түзгөндөрү деле ырастап бере алат. Өткөн жылы кыргызстандыктар 1 кубометр газ жакканы үчүн 7,5 сом төлөп келишсе быйыл ал 15 сомдун айланасында болорунан күмөнсүбөй эле калышты окшойт.

- 15 сомго чукул болот. Ошонун тегерегинде,- деп билдирди “Кыргызгаз” акционердик коомунун директорунун орунбасары Кубан Мырзаканов.

Кыргызстандын өнөржай, энергетика, отун ресурстары министрлигинин пресс-катчысы Татьяна Анкудинович элге сатылчу газдын баасы бүгүнкү маалымат жыйынында жарыя кылынарын билдирди.

- Тариф маселеси чечилмейинче эч ким ал тууралуу айта албайт.

Ал эми газ баасына сатылып алынган наркы, ташып жеткирүүнүн, камсыз кылуунун чыгымдары кошулуп, өткөн жылдагыдан кыйла арбын болору техникалык эсеп-кысабы жок эле керектөөчүлөргө дайын.

Марс Сариев: Оппозиция күчтөнбөсө бийлик көңүл бурбайт

Кыргызстандагы соңку коомдук-саясий кырдаал тууралуу саясат таануучу Марс Сариев “Азаттыктын” таңкы түз обосунда ой бөлүштү.

- Сиз адис катары быйылкы жылда кандай чоң саясий окуяларды күтүп жатасыз?

- Бул жылы мен аябай эле чоң жаман окуяларды күткөн жокмун, жыл жакшы эле өтөт. Оппозиция күчкө толуп жатат. Жазында, марттарда оппозиция митинг уюштурат. Менимче анда чоң чаң-тополоң деле болбойт. Себеби биздин саясатчылар эстүү, баарын түшүнүп калды, жаман иштерге барбайт. Бийлик оппозиция менен сөзгө келет. Бирок күчтүү оппозиция болбосо, бийлик деле көңүл бурбайт. Ошон үчүн оппозиция күчкө толот.

- Оппозиция бир уюмдун айланасында баш кошту, бир лидердин эмес. Ушул канчалык бекем жана узак болот?

- Оппозиция жакшы бириге албай жатат. Бирок мен ойлойм, биригет. Бирикпесе оппозициянын элитасы саясаттан чыгып калат, аны менен Ак үй дагы мамиле кылбайт, ошондуктан биригет. Бириккенде дагы Бакиевди бийликти кетирейин деген ой деле жок, диалог болот.

- Энергетика тармагында, ГЭС курууда кыргыз, орус кызматташуусу канчалык ишке аша баштайт. Бийлик азыр айтып жаткандай, ушул быйылкы жылы ишке аша баштайбы?

- Менимче, баштайт. Россиянын саясаты башка болуп калды, практикага кирди мурункудай айтып туруп жасабоо практикасы жок. Канча кыйынчылык болсо дагы Россия энергетикага көп каражат жиберет.

- Демек өздөрүндөгү мунайдын баасы түшүп жатканына, башка кыйынчылыктарга карабастан каражат бөлгөнгө кудурети жетеби?

- Жетет, азыр Кыргызстанга кирип, ар аркылуу Борбор Азияга кирбесе анда Россиянын акыбалы начар болот.

- Бул жерде ушундай дагы бир маселе бар. Өзбекстандын акыркы кадамдары ЕврАзЭШтен чыгып, башка уюмдардан чыгып кетип жатканы дагы бир өзүнчө маселе болуп турат, Камбар-Ата бирди куруу менен 5 миллиард куб сууну сактай турган суу сактагыч болот, ошого үлүшкө Россия кошулса ал региондогу сууну көзөмөлдөп, Өзбекстанды кайрадан алдына алып келгенге мүмкүнчүлүк түзөт дегендей дагы бир ойлор бар. Буга карата Өзбекстандын реакциясы кандай болушу ыктымал?

- Өзбекстан менен мамлебиз начарлап кетип жатат. Россияда муну менен Өзбекстан эмес, Казакстанды да көзөмөлдөгөнгө чоң рачаг болот. Ошондуктан Өзбекстандын бул ишке мамилеси аябай эле салкын.

Кыргызстан-Түштүк Корея балбандары күч сынашат

Учурда Бишкекте грек-рим жана эркин күрөш боюнча Кыргызстан менен Түштүк Кореянын тандалган балбандарынын биргелешкен машыгуулары өтүүдө. Кыргызстандын грек-рим күрөш федерациясынын жетекчиси алмашты.

Кыргызстандык балбандар мурда айрым учурда гана Казакстан, Орусия, Жапония, Европа өлкөлөрүнө барып, биргелешип машыгууларды өткөрүп, чеберчилик деңгээлин жогорулатып турчу.

Өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу Эмил Алыкуловдун айтымында, Кыргызстанга алгачкы ирет жаңы жылда Түштүк Кореянын 35 балбаны, 5 машыктыруучусу келип, биргелешкен машыгуулар өткөрүлүп жатат.

Чынында Түштүк Кореяда балбандарына түзүлгөн шарт жогору болгондуктан, грек-рим күрөшү боюнча эле олимпиаданын 10 чемпиону жана дүйнөнүн бир нече жеңүүчүлөрү чыккан. Бул ирет дагы Бишкектеги биргелешкен машыгууга дүйнө, Азия чемпиондору келишип, күч сынашуулар, таймашуулар болууда.

Кыргызстандык балбандарды Бээжин олимпиадасынын күмүш жана коло байге ээлери, Азия чемпиондору Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев баштап, 9-январда грек-рим жана эркин күрөш боюнча жолдоштук беттешүү болгону турат.

Ошондой эле 7-январда өлкөнүн грек-рим күрөш федерациясынын жыйыны өтүп, ушул коомдук бирикменин жетекчиси болуп, финансы министринин орун басары Арзыбек Кожошев шайланды.

Бээжин олимпиадасында Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, эки медаль утуп берген балбандарга дем берген грек- рим күрөш федерациясынын 2003- жылдан бери, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бейшен Абилдаев жетектеп келген. Акыркы беш жыл федерацияга президент болгон Бейшен Абилдаевдин айтымында Азия, дүйнө чемпионаттарында кыргызстандык балбандар жүздөн ашуун байгелүү орундарды жеңип алышкан.

Грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти, өлкөгө эмгек сиңирген машыктуруучу Алмазбек Касеновдун пикиринде жаңы жетекчи Арзыбек Кожошев жаш кезинде Жалал-Абат шаарында күрөш менен машыгып, спорт чебердигине талапкер болгон.

-Ал Финансы министрлигинде иштегендиктен каражат жагынан балбандарды колдоого алып, 2012-жылкы Лондон олимпиадасына даярдык көрүүгө көмөктөшөт, -дейт Алмазбек Касенов.

Өлкөнүн финансы министринин орун басары Арзыбек Кожошев эки жылдан бери грек-рим күрөш федерациясында вице-президент болуу менен балбандарды колдоого алып келген. Ошентип президент Курманбек Бакиевдин жакын санаалаштары өлкөдөгү даңазалуу грек-рим күрөш федерациясын дагы өз колдоруна алышты.

Мурдакы жардамчысы Айбек Алыбаев жакында эле футбол федерациясына президент болсо, эки уулу Максим менен Марат Бакиевдер үч федерацияга: жалпы күрөш, ок атуу жана дзю-до уюмдарына жетекчи. Иниси Адыл Бакиев өлкөнүн каратэ-до федерациясынын президенти. Экономика министри Акылбек Жапаров шахмат федерациясына жетекчи болсо, транспорт прокурору Абдибакыт Халмурзаев бокс федерациясынын президенти болуп саналат.

Ушул Грек-рим күрөш федерациясын 1994-жылдан 2003-жылга чейин Болот Кененбаев башкарып, колдон келген жардамын берген. Ушул федерация үч жылдан бери жылдын мыкты спорттук бирикмеси аталып келүүдө.





Садыркулов клан ынтымагы үчүн садага чабылды

Президенттик администрация жетекчиси Медет Садыркулов кызматынан кетти. Оппозиция бул окуяга Садыркулов президенттин айланасындагы топтордун ынтымагы үчүн садага чабылды деп баа беришти

Кыргыз президентинин администрациясын эки жарым жылдан бери башкарып келген Медет Садыркулов кызматтан кетүү себебин “Азаттыкка” төмөнкүчө түшүндүрдү:

-Мен келгенде убакыт башка болчу. Ошол убакытка жараша көп маселелер болгон жана аларга колумдан келишинче жооп берген иштерди жасадым. Бул өтө оор жумуш, эки жарым жыл иштеген абдан кыйын. Азыр убакыт өзгөрүлүп жаңы милдеттер коюлат. Ошон үчүн аларды ишке ашырууга жаңы адамдар керек. Курманбек Салиевич экөөбүз менимче жакшы иштедик. Администрациянын алдында чоң милдеттер болгон. Алардын баарын аткарганга аракет кылып, чоң иштерди жасадык. Аны эл билет.Ошон үчүн эч кандай проблема жок. Бул менин чечимим.

Анткен менен Медет Садыркулов тууралуу коомдо ар кандай пикирлер айтылып, бир топ мүчөлөрү мамлекеттик бийликте турган “Жаңы Кыргызстан” партиясы, УТРКнын ачкачылык жарыялаган кызматкерлери жана Элдик революциялык кыймыл президентке аны кызматтан кетирүү талабын койгону белгилүү. Элдик революциялык кыймылдын лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев ошон үчүн бул окуяны бириккен оппозициянын алгачкы жеңиши деп баалады:

-Оппозициянын бир бүтүмгө келип, Бакиев баш болгон бийликти кетирип, Кыргызстанды башка жолго салган мамлекеттик система түзөбүз деген чечим кабыл алган Бирдиктүү элдик кыймылдын, анын ичинде Элдик революциялык кыймылдын негизги максаты таасирин тийгизип жатат.Ошон үчүн бийлик жанталашып көп нерсени өзгөртүүгө аракет кылат.Келерки кадамы жакын арада өкмөттү өзгөртүү болот.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев Садыркуловдун чечиминде эч кандай саясат жок деп билдирди:

-Саясий эч кандай негиз, боек жок. Бул турмушта болуп жүргөн эле өзгөрүүлөр жана кадрдык алмашуулар катары кабыл алыш керек.

Саясат талдоочулар менен оппозициянын өкүлдөрү Садыркуловдун кызматтан кетишинин артында чоң саясий оюндар турат, бул президенттин айланасындагы таасирдүү күчтөрдүн ортосундагы тирешүүнү басаңдатуу үчүн жасалган кадам, аны түшүнгөн Садыркулов өзү ушундай чечимге барды деп баалашты.

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Садыркулов президенттин айланасындагы күчтөрдүн ынтымагы үчүн саадага чабылды деп билдирди:

-Бул күтүлүп жаткан окуя болчу. Клан ичиндеги күрөштө аларды ынтымакка чакыруунун бирден-бир шарты катары Медет Садыркуловду кызматтан кетирүү ультиматум катары коюлган. Ошон үчүн Медет Садыркулов ыңгайсыз эки сунуштун ушунусун тандап алды. “Жаңы Кыргызстан” партиясы, ага кирген адамдар жана президенттин жардамчылары Медет Садыркуловго ачыктан- ачык каршы чыга баштаган. “Жаңы Кыргызстан” партиясы чала-була оппозицияга өткөндүгүн да жарыялап жиберип, жакында кайра президентке берилгендигин жана Исмаил Исаковдон баш тарткандыгын кабарлады. Мына ошол жең ичиндеги сүйлөшүүлөрдө эле Садыркулов президенттин командасынын биримдиги үчүн садага чабылгандыгы тууралуу сөздөр тараган. Мына эки жумадан кийин президентке жакын адамдардын ынтымагынын баасы канча турары аныкталды. Медет Садыркулов президенттик кландын ички ынтымагы үчүн садага чабылды.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков Садыркулов азыркы президенттик бийликти булгап турган адам болчу, анын кетиши кызматынан алынсын деген элдин талабын президенттин уга тургандыгын далилдеди деп билдирди. Бирок анын кетиши менен саясат өзгөрөт деп үмүт артпасын кошумчалады:

-Саясат өзгөрбөйт, себеби система ошол бойдон калып жатат. Система өзгөрбөгөндөн кийин ким келбесин тоскоолдук кылып, ишти алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүк бербейт.

C
аясат талдоочу Токтогул Какчекеев президенттин мындай чечими анын эмдиги жылдагы президенттик шайлоого камдана баштагандыгынан кабар берет деген ойдо:

-Президенттик шайлоого карата өзүнүн тегерегин тазалап жатат. Анткени, ушул эле команда, ушул эле саясат менен барса экинчи мөөнөткө өтпөй калаары айгине.

Кыргыз коомунда болсо президенттик администрация башына эми ким келет деген ой бүйүр кызытууда. “Ак жолчу” депутат Жангороз Каниметов бул орунга түз жүргөн калыс адам келсе саясий кармаш басаңдашы мүмкүн десе, cоциал-демократ депутат Роза Отунбаева президент азыр бул орунга укуктук мейкиндикти көзгө илбей, коюлган максатка жетүү үчүн күч колдоно турган адамды дайындайт деген ишенимде:

-Медет Садыркулов Кыргызстанда авторитаризмди орнотууга көп күч жумшады. Бакиев муну менен Садыркуловдун ресурсу бүткөндүгүн жакшы түшүнүп жатат. Авторитардык бийлик калыптанды. Эми укуктук мейкиндиктен тыш иштеген, күчкө гана таяна турган, укукту көзгө илбеген жаңы адамдар керек. Алардын иштөө ыкмасы да күчкө таянуу болот. Садыркулов түзгөн авторитардык базанын негизинде күчкө таянуу доору башталат.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин баамында, президенттин айланасында андай адамдар көп жана бир туугандардын талабы менен аларды тез-тез алмаштырып турууга көп кадрлар табылат.

Медет Садыркулов Кыргызстанда сөз жана басма сөз эркиндигине чек койгон адам катары да тарыхта калат деп баа бериле баштады. Анткени анын убагында бир нече эркин гезиттер жабылып, журналисттер чет өлкөгө качууга мажбур болду,- дейт “Ачык саясат” гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков:

-Медет Садыркуловдун убагында басма сөзгө болгон кысым аябагандай күчөгөндүгүн, гезиттер үчүн оор кыйынчылыктарды алып келгендигин эч ким тана албайт. 2008-жылы эле “Де-факто”, “Алиби” гезиттери жабылды. БИ-БИ-СИ радиосун токтотууга аракет көрүштү. “Азаттыктын” берүүлөрү токтотулду. Демек, мындай терс көрүнүштөрдүн бардыгы Садыркуловдун көз алдында болду деп айтканга толук негиз бар.

Маселе мартта башталат...

Жаңы жылдык эс алуудан кайткан гезиттер бүгүндөн тартып кайрадан жарык көрө баштады.

Өткөн жылдын аягында көз жарып, буга чейин эки саны жарык көргөн “Айат пресс” гезитинин үчүнчү саны күркөлөргө түштү. Гезиттин 1-бетиндеги башкы тема “Садыркуловдун отставкасы, Сатыбалдиевдин секириги, Кадырбековдун камалышы жөнүндө” деп аталат. Ал эми “Концепция АКШ үчүн эмес, биз үчүн...” деп аталган иинтервьюну “Ата Мекен” патриясынын жолбашчысы Өмүрбек Текебаев берип, оппозиция Америкадан кайтып келгенден кийин бийлик тараптан байланышуу үчүн эч кандай аракеттер болбогонун, болгон күндө да өзү сүйлөшүүгө барбастыгын, кырдаал жакшы жагына өзгөрмөйүн оппозицияда тыныгуу болбой турганын айткан. Ошону менен бирге эле ал, бириккен оппозиция март айынан баштап кырдаалды өзгөртүү үчүн ар кандай саясый акцияларды уюштуруу ниетин жарыялаганын кошумчалады.

Ушул эле сандан ЖК депутаты Б. Наргозуевдин “Мени ашпозчу кылгысы келгендер бар” аттуу маектешүүсүн, гезит баяндамачысы Ж. Касаболотовдун “Бейөкүмөт уюмдары жана Кыргызстандын саясый партиялары” деген орус тилиндеги, Бактыбек Алиевдин “Концепцуалдуу геосаясат “Славян кылычы” жана “Түрк калканы” аттуу кыргыз тилиндеги макалаларын, журналист Жылдыз Мусабекованын атактуу акын Байдылда Сарногоевден көзү тирүүсүндө алган интервьюсун окууга болот. Байдыкенин интервьюсунун аты “Мас эшектин үнүнө “перевод жок” деп аталат. Булардан тышкары КР миграция жана жумушсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу миграция фондусунун деректири Салтанат Бараканованын фото сүрөттөр менен коштолгон “Памир кыргыздары жайы-кышы бозүйдө турушат” деген көлөмдүү баянын окууга болот. Ал эми коомдук ишмер, кинорежиссер Садык Шер-Нияз өзү негиздеген “Айтыш” фондунун азыркы кезде жүргүзүп келаткан иштери жөнүндө кеп салып, жакында акындык айтыш боюнча жаңы мултьфильм көрүүчүлөргө тартууларнарын айтып берген.

“Жаңырык апта” гезити экономист С. Дуулатовдун “Ээсин издеген энергетика” деген макаласын сунуш кылган. Электр энергиясынын карапайым калк тургай, анча-мынча окугандар билип-билбеген ойрон жагын таблицалар, эсеп-кысаптар аркылуу анализге алган автор бир жеринде: “1 кВт.электр энегриясын Кыргызстан Казакстандан 4,5 сомго сатып алууга келишим түзсө, Тажикстан Түркмөнстандан ушундай эле көлөмдөгү электр энергиясын 1,5 сомго сатып алууга келишим түзгөн. Демек, Кыргызстан чарбасыздыгынан, жоопкерсиздигинен 1 кВт электр энепргиясы үчүн 3 сомдон ашык төлөгөнү жатат. Мурдагы министр С. Балкыбеков өз ыктыяры менен түрмөдөн орун сурабай, мурдагы ордун сурап, жылуу үстөлдү кучактап калганы – энергектика тармагынын ойронун чыгарып, Кыргызстанды – 1 млрд. 965 млн. 600 миң сомдук дебитордук карызга батырганынан эле көрүнүп турат” деп баяндайт.

Ушул эле электр энергиясы тууралуу сөз кылган интервью саясатчы Накен Касиевден алынган. Н. Касиев Бириккен Элдик Кыймылынын кылган аракеттери ишке ашарына толук ишенерин айтуу менен электр энергиясы бир адамдын жеке менчигине бериле турган болсо жарыкка акы төлөө үч эсеге кымбаттарын, ошондо кыргыз элинин башына чындап мүшкүл түшөрүн, бул тармакты менчиктештирүү чатакка алып келерин белгилеген. Касиев андан ары бул өңдүү стратегиялык ишканаларын мындай жаңылыш сатуу казактарда да болуп, эл кыйналып, шаарлар менен айыл-кыштактар жарыксыз калып, акырында президент Н. Назарбаев аны кайра 3-4 эсе кымбат сатып алганын, Акаев кеткен 2005-жылы Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 17 млрд. куб метр болгонун, анан эле коррупция күч алганынын айынан ушундай абалга жеткенибизди сөз кылган.

“Учур” гезити УККнын мурдагы жетекчилеринин бири Калык Иманкулов Башкы прокуратурага эки жолу суракка чакырылганын, ал азыркы күндө оппозиция болуп жүргөн А. Жекшенкуловдун иниси экендигин, генерал И. Исаковдон Бишкектен сыртка чыкпоо үчүн колун койдуртуп, тизгин катылганын, былтыр жоголгон Р. Шаботоев менен Б. Жусупжановдун дагы эле дайны чыкпай келаткандыгын, ашказынан операция жасатып, Түркиядагы дарылануудан кайтып келген А. Атамбаев президенттик күрөшкө аттанганы калганын, КР каржы полициясынын башчысы А. Муйбиллаев кыска убактын ичинде кандай байлык топтогонун, кадр саясатындагы чатактарын, кантип генерал болгонун “Трибуна” деген гезит менен “Кыргыз-Ньюс” интернет сайты жазып чыкканын кабарлады.

Мына ушул акыркы кабарда А. Муйбиллаевдин көптөгөн жеке менчик автомашиналарынан тышкары, сүрөттөрү басылган, тагыраак айтканда Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан “Ата Түрк” паркынын жанындагы 4 кабаттуу, баасы 2,5-3 млн. долларлык имарат анын жубайы Ч. Муйбиллаевага катталганын, Бишкектеги Соң-Көл туюк көчөсүндөгү 35-үйүнүн баасы 200миң доллар турарын, ошол эле көчөнүн 37-үйүн 100 миң долларга сатып алганын, Дзержинский-Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинде 300-400 миң долларлык кафе да ага таандык экендиги жазылган.

“Теңир” «Оскарга» ат салышат

Маркум жазуучу Ч. Айтматов

Кыргыз-немис-француз кинорежиссерлору тарабынан Кыргызстандын Нарын облусунда тасмага алынган “Теңир” (“Тенгри”) фильми 19-январга чейин Лос-Анжелесте өтө турган эл аралык фестивалга катышып жатат. Фестивалда тандалган тасмалар эл аралык “Оскар” сыйлыгына ат салышмакчы.

“Теңир” кинотасмасы Нарын аймагынын жайлоолорунда француз кинорежиссеру Мари де Поншевил тарабынан тартылды. Германиялык кинорежиссер Франк Мюллер аталган кинотасмага продюсерлик этти. Башкы ролдорду кыргыз актерлору Илимбек Калмуратов жана Альбина Немашевалар ойношкон.

Кыргыз кинематографисттер союзунун директорунун орунбасары, белгилүү кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшева “Теңирге” карата мындай пикирин билдирди:

- “Теңир” кинотасмасынын дүйнөлүк көргөзмөсү Мюнхенде 25-июнда болуп өткөн эле. Эми бул фильм Америкада “Оскарга” ат салышмакчы. “Тенгринин” сценарийинин өзөгү Чыңгыз Айтматовдун “Жамийласынан” алынган. Болгону окуя бүгүнкү биздин күндөрдө болуп өтөт. Кыргыз-немец-француз кинорежиссерлору биргелешип тарткан “Тенгри” фильми Лос-Анджелестеги фестивалда ийгиликтерге жетишерине үмүттөнүп турабыз, албетте.

Маданият жана маалымат министрлигинин кинематография башкармалыгынын жетекчиси Абибилла Пазылов “Теңир” тасмасынын төмөндөгүдөй өзгөчөлүктөрүн белгиледи:

- “Теңир” фильми кыргыз киночулары тарабынан “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлүп жатат. Бул фильм Франциянын, Германиянын тарткан фильми болуп жатат. Анан дагы бир өзгөчөлүгү – фильмдин сценарийинин Айтматовдун “Жамийласынан” алынып, аны француз актеру тартып, а оюнду бүт кыргыз актерлору ойногонунда. Ошондой эле тасма кыргыз тилинде тартылып, француз, немец тилдерине которулуп, чет жактарда көрсөтүлүп жатышы – кыргыз кино академиктерин бул фильмди “Оскар” сыйлыгына көрсөтүүгө түрттү.

2008-жылдын 28-29-июнь күндөрүндө Кыргыз Кино Үйүндө жана “Октябрь” кинотеатрында “Тенгринин” бетачары өткөн болчу. Бетачарга фильмдин режиссеру француз киноактеру Мари де Поншевиль жана продюсери немец кинорежиссеру Франк Мюллер да катышкан.

“Теңир” кинотасмасындагы башкы каармандын ролу "Экинчи Ысык-Көл кинофестивалында" аялдар ойногон эң мыкты роль болуп табылган. Кыргызстанда кыргыз актерлору тарабынан тасмага алынган “Тенгри” фильминин жаралышында кыргыз киножамаатынын жардамы чоң болду,- деди Маданият жана маалымат министрлигинин кинематография башкармалыгынын жетекчиси Абибилла Пазылов:

- Фильмдин тасмага алынышында кыргыз кинорежиссеру Эрнест Абдыжапаров башынан аягына чейин чуркап жүрдү. Чет өлкөлүк режиссерлорду, актерлорду, продюссерлерди тосуп алып, кыргыз элинин жашоо-турмушу менен тааныштырып, Нарын аймагынын шартын түшүндүрүп жүрдү. Айрыкча анын актерлорду тандоодо салымы чоң болду. Кыргыз кино башкармалыгы да дайыма “Тенгринин” чыгармачыл тобу менен байланышта болуп, кеп-кеңешин берип турду.

Медет Садыркулов кызматтан кетти

Бүгүн эртең менен президент Курманбек Бакиев администрация жыйынында президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун кызматтан кетүү тууралуу арызына макулдук бергенин айтты. Садыркулов өзү бул кызматтан кетишин милдетин өтөп бүткөнү, чарчаганы менен байланыштырууда.

Президент Курманбек Бакиев Медет Садыркуловдун кызматтан кетүү боюнча арызына макулдук бергенин айтып жатып, ал администрация башчысы болуп иштеп турган кезде өзүн бийик деңгээлдеги мамлекеттик кызматкер катары көрсөткөнүн белгилөө менен анын кийинки кызмат орду 15 күн эс алып келгенден кийин аныкталарын билдирген.

Медет Садыркулов өзү болсо бул жыйындан соң “Азаттыктын” суроосуна берген жообунда кызматтан кетишин бул кызматка келген 2006-жылы алдыга койгон милдеттер аткарылгандыгын, эми жаңы күчтөрдүн келишин каалагандыгын, өзү чарчагандыгын билдирди.

Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев “Азаттыкка” Садыркуловдун кызматтан кетишинде эч кандай саясат жок деп билдирди.

Ошол эле учурда саясий чөйрөдө Медет Садыркуловдун кызматтан кетиши боюнча ар кандай пикирлер айтылууда. Маселен “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев мындай жүрүштү президент Бакиевдин айланасындагы топтордун ынтымагы үчүн кабыл алынган чечим деп эсептейт.

Саясатчынын айтымында, буга чейин Садыркуловду кызматтан кетирүүнү президенттен анын айланасындагы көпчүлүк ачык талап кылып келишкен, алардын катарында “Жаңы Кыргызстан” партиясы дагы бар. “Президент команда биримдиги үчүн өзүнүн жакындары, жердештери көпчүлүктү түзгөн бир тарапты эмес, азчылыкты түзгөн экинчи тараптан Медет Садыркуловду садага чапты”, - дейт Өмүрбек Текебаев.

СДП фракциясынын депутаты Роза Отунбаева болсо Медет Садыркуловдун кызматтан чегинүүсүн – оппозициянын биригишине болгон президенттин реакциясы катары баалайт. “ Учурдагы кырдаалда Садыркуловдун ресурсунун баары иштелип бүткөнүн президент жакшы түшүнүүдө. Эми ал айланасына мыйзамды көзгө илбей, күчкө таяна турган команда топтогону жатат. Оор кырдалдарда ички саясатка армия кийлигишип келгени белгилүү. Бийлик бул ыкманы ишке киргизүүнү максаттоодо” – дейт Роза Отунбаева.

“Ак жолчу” депутат Бегалы Наргозуев болсо кызматтан кеткени менен баары бир саясий айдыңда Садыркуловдун таасири сакталып калат деген пикирде. Депутат Садыркулов президенттин жанындагы саясий топтордун кысымынын курмандыгы болду деген пикирди жактабай, ал келечектеги чоң саясий жүрүштөрдүн астында тыныгуу алды деп айтууга болот, ошондуктан Медет Садыркулов өз каалоосу менен кызматтан кетти, деп эсептейт.

Ошол эле учурда бир катар саясатчылар Садыркуловдун кетиши менен өлкө саясатында эч кандай өзгөрүү болбостугун белгилешүүдө. Мындай пикирдеги саясатылардын бири, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Исмаил Исаков анткени система ошол бойдон калууда, анын ордуна ким келбесин, бул система ишти алдыга жылдырганга мүмкүнчүлүк бербейт, деген пикирде. Канткен менен Исмаил Исаков БЭКтин мүчөлөрү – оппозиция лидерлери Медет Садыркуловдун кызматтан кетишин колдоо менен кабыл алышканын кошумчалады.

Оппозициядагы саясатчылардын дагы бири Топчубек Тургуналиевдин көз карашында, администрация башчысын кызматтан алууга оппозициянын президентти бийликтен кетирүү талабы таасир этүүдө. Бийлигин сактап калуу үчүн президент өзгөртүүлөрдү жасап жатат. “Келерки кадамы - жакынкы айларда өкмөттү башкача түзөт. Чудиновдорду кетирет”, - деди Тургуналиев. Саясатчы ошондой эле кызматтан алынган Садыркуловдон эми мурда мойнуна тагылган 420 миң долларды үстөгү менен төлөтүү жана өзүн камап, соттотуу керек деп эсептейт.

2005-жылдагы март окуясынан кийин мурдагы президент Аскар Акаевге мамлекетке таандык 420 миң доллар берилгендиги боюнча кылмыш иши козголуп, сотто Медет Садыркулов баштаган бир катар мамлекеттик кызматкерлер акталып чыгышкан эле.

Айрым серепчилер болсо Медет Садыркулов эми элчилик кызматка бараарын боолголоодо. “Садыркуловдун саясий капиталы бар, эл аралык байланышы күчтүү. Андыктан ага Рина Приживойттун орду сунушталышы ажеп эмес. Андан башка Садыркуловго чак келчү кызмат жок. Бул киши чет жакка кетүүгө аракет кылат ”, – дейт саясий серепчи Токтогул Какчекеев.

Кыргызстандын Австрия, Венгрия, Словакия жана Чехиядагы элчиси, Венадагы эл аралык уюмдарга жана ЕККУга Кыргызстандын туруктуу өкүлү Рина Приживойт өз арызына байланыштуу декабрдын этегинде кызматынан бошотулган болчу.

Өкмөттүн алтын кыялы

“Кумтөр” дүйнөдөгү эң ири он алтын кендин бири

2011-жылы Кыргызстанда алтын өндүрүүнүн көлөмү 30 тоннага жетип калыш мүмкүндүгү айтылууда. Эки жылдан кийин «Кумтөр» алтын кенинен 15 тонна алтын алына баштап, калганын башка кендер бермекчи.

Эгемендиктин алгачкы жылдарында Кыргызстанда тоокен өндүрүшү жөнүндө кеп-сөз арбын айтылып, жалаң “Кумтөр” алтынына оголе чоң үмүт-тилек артылган болчу. Дүйнөдөгү эң ири он алтын кендин катарына кирген “Кумтөр” долбоору иштегенине 10 жыл толгондо Кыргызстанга өтүшү керек эле. Бирок аны күтпөй 2003-жылдын 31-декабрында кыргыз өкмөтүнүн а кездеги башчысы Николай Танаевдин колу менен өзгөртүлүп, жаңы долбоор жаралып жатпайбы.

Өкмөттүн талаштуу токтомун жокко чыгару өтүнүчү менен өткөн жылдын февралында парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков Бишкектин райондор ортолук сотуна кайрылган. Аны жарым жылдан ашуун териштирген экономикалык сот доо арызды четке каккан. Чечимди Жогорку сот да ырастаган.

Бирок да Кубанычбек Исабеков өткөн жылдын 26-декабрында ошол эле экономикалык сотко жаңы өтүнүч жолдоп, өкмөттүн 2003-жылкы токтомун жокко чыгарууну суроодо. Антишке 1992-жылдын 4-декабрында кыргыз өкмөтү менен “Камеко” корпорациясы түзгөн Башкы келишим мөөнөтү 2002-жылы бүтүп калганы, мына ушул жагдайдын мурунку соттук териштирүүдө эске алынбай калганы өбөлгө түзүүдө. Жер байлыгын биргелешип пайдалануу тууралуу мыйзам тартибине ылайык келишим мөөнөтү 10 жылдан ашпайт.

К.Исабековдун ырасташынча, 2002-жылдын декабрынан тарта алтын кенди башкаруу “Кыргызалтын” акционердик коомуна өтүшү керек болчу.

- Булар өзү эч нерсе төлөгүсү келбейт. Кыргыз элин кошо сатып баса берет булар керек болсо. Мыйзамдуулук аткарылышы керек. Биз буларды сөзсүз түрдө мажбур кылабыз,- деп К.Исабеков кезектеги соттук териштирүүнүн камын көрүүдө.

Андай соттук териштирүүлөрдөн кандай жыйынтык чыгарын болжол кылыш кыйын. Жаңы доо-арыз деле мурдагысынын кейпин кийип, узак соттук териштирүүлөрдөн кийин майнапсыз аякташы деле мүмкүн.

А бирок “Кыргызалтын” акционердик коомунун вице-президенти Максат Жээналиевдин айтуусунда, канадалык компания менен кыргыз өкмөтү жер салыгы, бийик тоо коэффициенти боюнча соттошуп, эларалык арбитраждык сотто теиштирип отурушун каалашпайт.

- Эл аралык арбитраждык сотко берген бизге деле такыр ылайыксыз. Өздөрүнө, тигилерге деле ылайыксыз. Эларалык деңгээлде жүргөндөн кийин аларга имидж да керек.

Ошентип өткөн жылкы соттук териштирүүлөр сээлдегени менен, Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгына шайкеш 2007-жылдын августунда А.Атамбаевдин өкмөтү кол койгон ортолук келишимдердин эки парламенттен колдоо таппай калышы көпчүлүккө эмдигиче табышмак. Ал келишимди жаңылоо аракетинен азырынча жыйынтык чыга элек. “Камеко” корпорациясы менен Кыргызстан өкмөтүнүн жумушчу тобунун ортосундагы дискуссияларды улантууга тараптар макул болушканын өткөн жылдын соңунда “Центерра Голд” компаниясы кабарлаган.

Ал эми “Кумтөрдөн” башка алтын кендердин чамасы чакталуу эле. Кыйладан бери ишке кирип калышы мүмкүн делинип келаткан “Жерүй” , “Андаш” кендеринин быйыл иштеп кетиши деле күмөн. Дүйнөлүк каржылык кризис оорчулугуна кошул-ташыл “Жерүй” алтын кенинен чыкчу уулуу зат калдыктарын тоонун башына же өндүрүнө жайгаштыруу маселеси эмдигиче чечилбей турат. “Андаш” кенинин айланасында да толгон-токой талаштуу маселелер бар. Быйылкы жылы “Талды-Булак” кенинин ишке кирип кетиши да кыйын. Иши кылып тоокен тармагынын жетишкендигине караганда проблемалары арбын.

- Тоокен тармагынын продукциясы жалпы өнөржай продукциясынын 48,8% түзөт. Ал эми салыктардын түшүшү боюнча тоокен тармагы жалпы салыктардын 10% түзөт. Ички дүң продукт көлөмү боюнча тоокен тармагы 10,1% түзөт,- дейт Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин статс катчысы Дүйшөнбек Камчыбеков.

Жыл кур эмес Кыргызстанда кайсы бир ири тоокен долбоору ишке киришип калышы мүмкүн экендиги айтылып келет. Бирок да азырынча иштеп жаткан ири долбоор “Кумтөр” алтын кени гана. Анын алтын казып алуусу арбыса Кыргызстандын ички дүң продукт көлөмү, экономикалык көрсөткүчү жогорулайт, азайса азаят. Азырынча башка долбоорлордун кагаздан ишке көчүшү кечеңдеп, созулгандан созулуп эле баратат.

Элдик толкундоолорду эми аскерлер басабы?

Жакында эле Жогорку Кеңеш куралдуу күчтөргө байланыштуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Президент бул мыйзамга кол койсо мындан ары аскерлер элдик толкундоолорду басуу укугуна ээ болору айтылууда.

Саясат талдоочулардын баамында, мындай жол менен бийлик алдыдагы массалык толкундоолорго даярданып, кийинки жылы болуучу президенттик шайлоонун камын көрүүдө.

Жогорку Кеңеш кабыл алган “Жалпы аскердик милдет, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндө” аттуу бул мыйзам долбоорго жарандык коомчулук да тынчсызданууларын билдиришүүдө. Мыйзам долбоордогу - Кыргызстандын куралдуу күчтөрү өлкө ичиндеги коопсуздукту сактоого катыша ала тургандыгы тууралуу берене, дал ушул тартыштардын башы болду. Жарандык коомчулуктун өкүлдөрү бул мыйзамды ишке киргизүү менен бийликтегилер өлкөнү биротоло тоталитардык режимге айлантып, демократия тууралуу кыялдар таптакыр талкаланат дешет.

Белгилүү укук коргоочу, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, мунун бардыгы акырындык менен, максаттуу түрдө келаткан иш-чаралар. Анткени бийлик эркиндиктерди четинен, бирден терип чектеп отуруп, акыры өз
Демократиянын жыты да калган жок. А.Абдрасулова
бийлигин коргоо үчүн аскерлерди өлкөнүн ички иштерине кийлигиштирүүгө, саясий багытта колдонусуна шарт түзүп койду. “2008-жылдын бүтүшү менен биз толук диктатордук өлкөгө айландык”,- дейт ал:

- Мындан ары митинг-пикеттерге чыккандардын оозун басыш керек болот. Нааразычылык акция өткөргөндөргө, жарандык баш ийбөөчүлүккө чыккандардын оозун басыш керек болот. Керек болсо президентти жана депутаттарды шайлоо учурунда аскерлерди шайлоо учаскаларына алып барып, тизип коюулары мүмкүн. Ошондуктан биз бири-бирибизди толук диктатордук өлкөгө айланганыбыз менен куттуктап койсок болот. Демократиянын жыты калган жок.

Айрым талдоочулардын баамында, бийликтегилердин авторитаризмге ык коюусу жана аны барган сайын күчөтүүсү жалгыз гана алардын каалоосу болгон жок. Авторитардык коңшу өлкөлөр да Кыргызстандын эркин, демократиялуу болушун каалашпайт жана аны өздөрүнө окшоткулары келишет дешет. Ошол себептүү Орусия баш болгон авторитардык өлкөлөр Кыргызстанда көп пикирдүүлүк, эркиндик, демократия болушун каалашпайт.

Парламенттеги “Ак жол” фракциясынын мүчөсү, депутат Бегалы Наргозуев болсо, бул мыйзамда эч кандай чочулай турган нерсе жок
Бул мыйзамда коркунучтуу деле эч нерсе жок. Б.Наргозуев
экендигин айтат:

- Мыйзам долбоордун авторлору анын маани-маңызын түшүндүрүштү. Мында коркунучтуу деле эч нерсе жок. Бул жерде биздин аскерлерди коргоо иштерине гана пайдаланбастан, ички улуттар аралык араздашуулар болгон учурда, табигый кырсыктар болгондо башаламандык чыгып кетип, толкундоолор болгон учурда пайдалануу тууралуу сөз болуп жатат. Анда дагы тосмо катары гана пайдалануу иретинде.

Белгилүү саясат талдоочу, аскер адиси Токтогул Какчекеевдин пикиринде, Жогорку Кеңеш кабыл алган бул мыйзам өлкөнүн баш мыйзамына дал келбейт. Анын айтымында, ИИМде көптөгөн милиция кызматкерлери, ыкчам топторунан тышкары түрдүү учурларда пайдаланылчу ички иштер аскери бар. Андыктан Коргоо министрлигин экинчи ИИМге айлантууга негиз жок:

- Бул - бизде экономикалык, энергетикалык, саясий кырдаал курчуп, элдин нааразычылыгы ашып-ташып баратканынын белгиси. Ички иштер министрлиги жана башка тартип сактоо органдары бул нааразычылыктарды токтото албасына, күчү жетпсине ынанып, аскердик куралдуу күчтөрдү пайдаланалы деген негиз болуп атат. Дүйнөлүк, эл аралык уюмдар, Бириккен улуттар уюму, эл аралык
Дүйнөлүк уюмдар буга өз сынын айтышат. Т.Какчекеев
коомчулук буга өзүнүн чоң сынын айтат.

Эсеп палатасы аудиторлордун санын кыскартты

Кыргызстандын Эсеп палатасынын төрөгасы Искендер Гаипкулов бул мекемедеги соңку структуралык өзгөрүүлөр, анын максаты тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Эсеп палатасында өткөн жылдын соңунда структуралык өзгөрүүлөр болду эле, ал кандай ишке ашты?

- Сентябрь айында бул боюнча мыйзамдык өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңешке жөнөткөн болчубуз. Мыйзам кабыл алынып, президент тарабынан октябрь айында кол коюлган. 2004-жылы Эсептөө палатасы боюнча мыйзам чыккан, бирок эл аралык талаптарга ылайык жазылган бул мыйзамдын көп маселелери ишке ашпай жүргөн. Ошон үчүн биз биринчиден стуктуралык реформага бардык. Биринчиси - аудиторлордун санын кыскартуу. Кыргызстанда 14 аудитор иштеп келген. Биз КМШ мамлекеттерин карап чыкканда эң чоң делген Россияда 12, Казакстанда 8, башка мамлекеттерде 6-7ден эле аудитор бар экен. Андан кийин чоң эмес бюджеттке эсептеп чыгарып Кыргызстанга 3 аудитор жетет деген жыйынтыкка келгенбиз. Ошону парламент колдоп берди.

- Мындай өзгөрүү палатанын ишинин натыйжалуу болушуна кандай шарт түзүп бере алат?

- Биз мурда текшерүү менен гана токтолчубуз да. Азыр бюджеттен бөлүнгөн акчанын натыйжалуу иштелиши боюнча көбүрөөк аудит жүргүзүүгө токтололу деп жатабыз. Ошол себептен көп жумушубузду аналитикалык жумушка буруп жатабыз. Азыр үч аудитордун алдында үч башкармалык бар. Ар бир башкармалык ошол министрликтерде жүргүзүлүп жаткан иштердин, ошолорго бөлүнүп жаткан чыгымдардын натыйжалуу иштеши боюнча иштерди жүргүзөт. Андан кийин биз текшерүүгө барганда ал жерде акча максатсыз, максаттуу колдонду деген маселени гана карабастан ошол акчанын эффективдүү иштелиши боюнча, ошол бюджеттен берилген чыгымдар эффективдүү болуп жатабы, жокпу деген маселеге баа берүүнү негизги максат кылуудабыз.

- Энергетика тармагын комплекстүү текшерүү талабы көп коюлуп келе жатат. Айрыкча “Кыргызгазга”, энергетика тармагына бюджеттен насыялар бөлүнүп келет ар кандай зарыл шарттарда, айрыкча кышка даярдык мезгилдеринде. Ушул тармакты комплекстүү текшерүү Эсеп палатасынын планында барбы?

- Азыр 2007-жылкы жумуштары боюнча жыйынтыкты бүтүрүп, материалдардын баарын Жогорку Кеңешке жиберип жатабыз. Бул маселе боюнча биз Мүлк комитетине да материалдарды жөнөткөнбүз.

- Жалпылап айтканда кайсы тармакта көбүрөөк бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу орун алып жатат?

- Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча айтсак, негизинен баардык министрликтерде капиталдык салымга бөлүнгөн акчаларды максатсыз пайдалануу көп чыгып жатат. Ошондой эле сатып алууларда да мындайча айтканда эки беренеден көбүрөөк максатсыз чыгып жатат. Биринчиден курулуш иштерин жүргүзүүдө атайын тендер өткөргөн көлөмдөрдү чоң көрсөтүп, ошол жерден көбүрөөк максатсыз иштеткен акчаларды таап жатканыбыз байкалууда. Андан кийин министрликтерде иш сапарлары боюнча чыгымдарда да максатсыз пайдалануулар чыкты. Мындай көрүнүштөр текшерилген бардык эле министрликтерде бар.

- Бизде мурда 17 миллиард сомдук бюджетибиз болсо, азыр 45-46 миллиардга жетип калды. Аудиторлордун азайышы ушундай шартта терс таасирин тийгизбейби сиздердин ишиңиздерге?

- Жок, бул боюнча эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Текшерүүгө барганда ал сумманын көлөмүндө эмес, сумма көбөйгөнү менен ошол эле мурдагы документтер каралат. Бул жерде чыгымдын көлөмү гана чоңоюп жатат да. Мисалы курулушка илгери 100 миллион акча бөлүнуп жатса азыр 250-300 миллион сом акча ошол эле багытта бөлүнүп жатат. Мындайча айтканда, текшерүүчүгө оордук келчү жагы жок. Экинчиден, биз көбүрөөк текшерүүдөн кетип, натыйжалуу иш жүргүзөлү деп жатабыз. Ошол жерде бөлүнгөн акча максаттуубу, ошол акчадан биздин мамлекетке пайда чыгып жатабы, жокпу деген маселеге көбүрөөк иштешибиз керек болуп жатат. Илгери болгону акчаны туура пайдаландыбы, туура эмеспи, бир беренеден экинчиге өткөрүп койбодубу деген гана максаттар болчу.

Ошто кардиохирургия борборун ачуу зарыл

Окумуштуулардын изилдөөсүнө караганда, Кыргызстанда жыл сайын 15-16 миң адам жүрөк оорусуна чалдыгат, анын 50-60 пайызын түштүк аймагынын жашоочулары түзөт. Ошондуктан Ошто кардиохирургия борборун ачуу жөнүндө маселе курч коюлууда.

-Биздин институт борбордо болгондуктан түштүк регионунан көп оорулуулар бара албай калып жатат. Жол алыс, каражат жок, ал жакка баргандан кийин ата-энеси, тууган-уругу болуш керек, жашаш керек. Кошумча каражаттарды талап кылып жатат, ошондуктан хирургия борборун ачсак, оорулууларга өтө чоң жеңилдик болмок. Казакстан, Өзбекстанда ар бир облустук борбордо чоң бакыйган кардиохирургия борборлору иштейт,- дейт Жүрөк хирургиясы институнун директору, медицина илиминин доктору, белгилүү хирург Калдарбек Абдыраманов.

Анын айтымында, Жүрөк хирургиясы институнун Ош шаарында бөлүмүн ачууну чет өлкөлүк уюмдардын жардамысыз жүзөгө ашыруу мүмкүн эмес.

Жергиликтү серепчи Абай Эшмаматов да маселени кечеңдетпей чечүүнү эп көрөт:

-Жүрөккө операция жасай турган бөлүм ачууга мурда эле убакыт келип жеткен эле. Кадр жетиштүү эле болсо керек, атайын апараттарды алып келип мамлекет каржылаш керек.

2008-жылдын ноябрь айында Ош облустук ооруканасында бишкектик хирургдардын катышуусунда үч адамдын жүрөгүнө операция жасалгандыгын мурда кабарлаган элек. Алардын бири 27 жаштагы Өлмөсхан Акимжанова: “Операция аябай жакшы жасалды, азыр жакшы болуп калдым, эч ооруган жерим жок. Ушул жердеги врачтар дагы жакшы карашты”, - дейт.

Ноябрдагы операцияга катышкан Бишкектеги жүрөк хирургиясы институнун реанимация бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Усупбаева жакшылап жабдыса, Ош облустук ооруканасы керекке жарай тургандыгына бекем ишенет.

Ош облустук ооруканалар бирикмесинин директору Токтомамат Абдымомунов түштүк башкалаасында кардиохирургия борборунун ачылышы жергиликтүү жана борбордук бийликтен колдоо табаарын билдирди:

-Ош шаарында облустук оорукананын базасында кардиохирургиянын борбору ачылса ийгилик болбой койбойт. Кечөө губернатордун кабыл алуусунда болгондо ал киши баардык жагынан колдоо, көмөк көрсөтөм деп айтты. Бул абдан чоң нерсе. Ал эми Саламаттык сактоо министирлиги тарабынан дагы колдоого, кудайым буюрса, ээ болобуз деген ишеничибиз бар.

Токтомамат Абдымомуновдун маалыматына караганда, көз жумган кыргызстандыктардын 47 пайызы жүрөк оорусуна чалдыккандар экен.

Ыйсанын туулган күн майрамы

Ыйсанын туулган күн майрамы Бишкектеги Орус православ чиркөөсүндө жан дүйнөнү тазартуу, жашоонун маңызын туура түшүнүү, жакшылыктан үмүт үзбөө маанисинде жарык маанай менен белгиленүүдө.

Ыйсанын туулган күнүнө арналган Кудайга сыйынуу ибадаттары Бишкектеги борбордук орус православ чиркөөсүндө ишемби күнү кечинде башталып, бүгүн, жекшемби күндүн таңынан кайра улантылды.

Чиркөөгө таңга маал келип, кире бериште чокунуу жөрөлгөлөрүн жасаган адамдын аты-жөнү Дмитрий Уланов экен. Анын айтуусунда, Кудай алдында жалынып-жалбаргандан артык нерсе жок:

- Адам Кудай алдында жалынып-жалбарып, күнөөлөрүн кечирүүнү суранганда адамдын ой жүгүртүүсү, дүйнө кабылдоосу өзгөрөт, тазаланат. Күнөөлөрүнөн арылууну каалоонун өзү эле укмуш нерсе да. Кудай аны орундатат чын жүрөгүнөн айтса.

Андан кийин чиркөөнүн ичинде Кудайга сыйынуу ибадаттары жасалды.

Ыңгайы келе калган кезде Бишкектеги орус православ чиркөөсүнүн диний жетекчиси Павел Синегубов “Азаттык” үналгысы аркылуу элге-журтка куттук сөзүн жолдоду:

- Мен Кыргызстандын бардык тургундарын ушул жаркыраган, кубаныч тартуулаган Ыйсанын туулган күн майрамы менен куттуктаймын. Мындай кубаныч ар бир үйдө, ар бир жүрөктө болсун! Турмушубузда жакшылык арбып, жамандык азайсын!

Павел Синегубов Бишкектин орус православ чиркөөсүндөгү майрамдык программадан да кабар берип өттү:

- Кудайга сыйынуулар кечээ кечинде эле башталган. Түнкү саат 12.00дө, таңкы саат 8де кайталанып башталды. Түшкө чейин уланат. Сыйынуу – негизги иш-чара. Анан Ыйсанын туулган күн майрамынын урматына чиркөөнүн жаңы салынган имаратынын концерттик залында балдар үчүн атайын оюн-зоок, Кудайды, Ыйсаны даңктаган ыр-кече өткөрүлөт. Ыйса туулган күндө ким жакшылап кубана алса, же өз өнөрү менен башкаларды кубанта алса – атайын белектерди алат.

Чиркөөнүн жаңы салынган имаратынын концерттик залында негизинен мектеп жашындагы өспүрүмдөр топ-топ болуп алышып ата-энелерге, бөбөктөргө дин ырларын ырдап беришти.

Биз сөзгө тарткан Анатолий Кузнецов Ыйсанын туулган күнү үй-бүлөлүк майрам экендигине басым жасады:

- Бул – үй-бүлөлүк да чоң майрам! Ошондуктан ким болбосун андан боюн тартып кете албайт. Үй-бүлөсүн ким сүйбөсүн. Христиандарда үй-бүлө - кичинекей чиркөө катары эсептелет.

Ксеня Иванова:

- Биз Ыйсанын – Куткаруучубуздун туулган күнүндө дайыма чиркөөгө келебиз. Кудайга сыйынабыз, тазаланабыз. Кызым Настяны да ала келгем. Храмдан кийин майрамды андан ары – үйүбүздө туугандарыбыз, досторубуз менен улантабыз.

Ооба, Ыйсанын туулган күн майрамы жан дүйнөнү тазартуу, жашоонун маңызын туура түшүнүү, жакшылыктан эч качан үмүт үзбөө маанисинде жарык маанай менен белгиленүүдө.

Жаңы жылда экономика дагы чөгөбү?

Кыргызстан өткөн жылы керектүү товар бааларынын өсүшү боюнча КМШда экинчи орунду ээледи. Буга баалардын өсүшүнүн 1,5 пайызга көтөрүлгөнү себеп болду. Экономисттер мындай көрүнүш быйыл да уланып, инфляция өсөт деп жатышат.

Экономикалык расмий көрсөткүчтөр боюнча өткөн жылы Кыргызстанда инфляциянын көлөмү 20 пайыздын айланасында болуп, ички дүң продукциянын көлөмү 7,6 пайызды түздү. Экономикалык өнүгүү жана өнөр жай министри Акылбек Жапаров муну үмүт акталды деп баалады:

- Бардык көрсөткүчтөрдү карай турган болсок ички дүң продукциянын көлөмү 7,6% болду, же биздин өкмөт базалык божомолду аткара алды десек болот.

Бирок керектүү товарлардын, анын ичинде тамак-аш баасынын болуп көрбөгөндөй өсүшү өкмөттүн быйылкы жылга түзгөн божомолун жокко чыгарат деген пикир коомдо күчөп барат.

Экс-депутат Темир Сариевдин баамында, мындай акыбалдын түзүлүшүнө дүйнөлүк кризис эмес өкмөттүн экономикалык ички саясатынын туруксуздугу башкы себеп:

- Бул бийликтин, өкмөттүн жүргүзүп жаткан саясатынын түздөн-түз натыйжасы. Анткени, экономикада туруктуу саясат жок. Басып алуу, тоноп алуу, мыйзамсыз текшерүүлөр, коркутуп-үркүтүүлөрдүн баары ушуга алып келди. Активдүү инвестициялык климат түзөбүз деп жатып тескерисинче элдин баарын качырып алышты. Чет өлкөлүктөр гана эмес жергиликтүү эле ишкерлер байлыгын сатып башка жакка кетип жатышат. Мындай көрүнүштөрдүн баары сөзсүз түрдө өз таасирин тийгизет.

Өкмөт өткөн жылы кабыл алган экономикалык өнүгүү стратегия менен 2011-жылга чейинки бюджет божомолунда инфляциянын өсүшүнө бөгөт койчу реалдуу секторду көңүл чордонуна алып чыгып, быйыл ушул тармакка 4,5 миллиард сом бөлгөн. Бирок көпчүлүгү жеке колдорго өтүп кеткен өнөр жай тармагы жанданчудай эмес. Жыл аягында ал түгүл продукциясынын 90 пайызын сыртка саткан Токмоктогу “Интергласс” ишканасы өндүрүшүн азайтып, токтотууга, Канттагы цемент-шифер комбинаты убактылуу жабылууга мажбур болушту.

Эки жылдан бери ишин токтоткон Кайыңды кант заводу менен “Кошой” ишканасы өндүрүшүн кайра качан жандантаары белгисиз. Буга сырттан алынып келген тамак-аштын көлөмү орто эсеп менен 70%, кийим-кече жана күнүмдүк товарлардын импорту 80 пайызга жакын болгондуктан дүйнөлүк баа да таасирин тийгизбей койгон жери жок.

Көз карандысыз экономист Жаныбек Оморовдун баамында, мындай көрүнүштөр быйыл товардын баасы менен инфляция көлөмүн төмөндөтүүгө жол бербейт:

- Инфляцияны ооздукташ үчүн эң ириде өндүрүш өнүгүш керек. Азыр административдик тоскоолдуктар менен коррупциянын көбөйүшү ишкерликти муунтуп жатпайбы. Демек, ишкерлик жана өндүрүш өнүкпөсө инфляцияны кармаш абдан эле кыйын болот.

Экс-депутат Темир Сариевдин баамында, абалды жыл башынан жөнгө салуу үчүн өкмөт экономикалык саясатын чукул өзгөртүп, ишкерликке кеңири жол ачышы зарыл:

- Биринчиден, туруктуу экономикалык саясат керек. Андан кийин атаандаштыкты күчөтүү керек. Атаандаштыкты күчөтүү үчүн ишкер чөйрөнү мамлекет керектөөчү катары эмес, өнөктөш катары көрүшү керек. Теңтайлашкан теңата мамиле түзүүсү зарыл.

Ал эми Экономикалык өнүгүү министри Акылбек Жапаров ишкерликке шарт түзүү боюнча Кыргызстан мурдагы 98-орундан 66 –орунга түшүп, башка мамлекеттерге үлгү болуп калгандыгын жарыя кылып келет:

- Биз жалаң ишкерлерге шарт түзөлү деп текшерүүлөргө мораторий жарыялаганбыз. Президент текшерүүлөрдү 70 пайызга азайтуу милдетин койгон. 2007-жылы текшерүүлөрдүн саны 51 миңден ашык болсо, былтыр 16 миң гана болду. Ишкерлерге мындан башка шарттарды түзүү боюнча Дүйнөлүк банктын рейтинги боюнча мурунку 98-орундан 66-орунга түштүк. Ал эми ишкерлерге колдоо көрсөтүү жана инвестицияга жол ачуу боюнча дүйнө жүзүндөгү 10 алдыңкы реформатор мамлекеттин катарына кирдик.

Экс-премьер министр Амангелди Муралиевдин баамында, өкмөттүн мындай аракети жалпы өлкө экономикасын көтөрүүгө жол ачкан жери жок. Себеби ырааттуу жана дүйнө кризисине каршы тура алчу экономикалык саясат жок. Ал эми жакын арада абалды жакшыртуу үчүн баарыдан мурун мамлекеттик башкаруу органдарын кыскартууну сунуштады.


Кийинки президент ким болот?

Кийинки жылы Кыргызстанда президенттик шайлоо болот. Ага карата алдын-ала даярдыктар башталганы менен учурдагы президент К.Бакиевге олуттуу атаандаш болуп берчү фигура чыкпай жатканы айтылууда.

Анын себебин саясат талдоочулар, оппозиция жээгиндегилердин бир лидердин жана бир партиянын айланасында чогула албай жатканы менен түшүндүрүшүүдө.

Саясат талдоочулар 2010-жылы өтчү президенттик шайлоого учурдагы бийлик да, оппозициядагы күчтөр да даярдыктарын күчөтө баштаганын айта башташты. Бирок учурдагы президент Курманбек Бакиевге салыштырмалуу оппозициядагы күчтөрдүн арасындагы президент болууну каалагандардын мүмкүнчүлүгү алда канча аз экендигин айтышат. Анткени, оппозициядагы бир канча партия менен кыймылдар “Бириккен элдик кыймылдын” айланасында чогулушканы менен лидер тандоого, же бир партияга биригүүгө келгенде пикир келишпестиктерге кабылышууда.

Мунун себебин талдоочулар “Бириккен элдик кыймылдагы” ар бир партия лидеринин же кыймыл лидерлеринин ар биринин президент болуу дымагы күчтүү болгондугу менен байланыштырышууда.

Маселен, бир кыймылга баш кошуп бийликти кетирүүнү көздөгөн партия лидерлери өз партияларын жоюп, чоңураак, белгилүү партияга биригүүдөн качып жатышат. Анткени, ар бири лидер болгусу келет, а кокус алар бириккен кыймыл ыдырай баштаса ар бири өз партияларынын лидери бойдон кала берет дешет.

Белгилүү саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин айтымында, оппозициянын бир кыймылга биригүүсү убактылуу гана нерсе жана ал кыйынчылыктарга кабылса бир заматта ыдырап кетиши турган иш. Андыктан оппозициялык күчтөр бир партияга биригип, бир же эки талапкерин президенттик жарышка чыгарышса туура болмоктугун айткан талдоочу, андай болбогон күнү бийлик бул кыймылдын лидерлерине түрдүү кысымдарды көрсөтүп, бат эле ыдыратып жибериши мүмкүн экенин айтат:
Жүздөн ашык партиянын кимге кереги бар.


- Калыптанып калган демократиялык өлкөлөрдө шайлоо болуп аткан маалда бийлик системасы кадимкидей эле иштей берет. Мына АКШда деле шайлоо болуп атканда өкмөтү шакылдап эле эч кимге көз каранды болбой иштеп атты. Обама азыр президенттик ишине расмий түрдө киришүүгө даярданып атат, бирок өкмөтү ансыз эле иштеп атат. Эч кандай басаңдап калган жок. Биз ошондой система түзгөнгө умтулушубуз керек. Ошондой эле биз да эки-үч чоң партиянын айланасында биригип, талапкерлерди чыгарыш керек. Азыркыдай жүздөн ашык партиянын кимге кереги бар? Партиялар биригип, бир лидерди тандап алуулары керек.

Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробековдун пикиринде, оппозициядагы саясатчылар реалдуулук менен эсептешпей, ар бири президент болууну кыялданып жүрүшөт. Дал ошол себептен оппозиция тараптан азыркы президент менен тең тайлаша алчу лидер чыкпай жатат:

- Президенттик шайлоого бүгүнкү күндө Курманбек Бакиевге тең келе турган, олуттуу атаандаш боло турган бир жигитти көрбөй жатам. Муну ар жагынан карап көрүш керек. Биздин өлкөдө, президенттик эки мөөнөткө уруксат берилген, дүйнөдөгү башка мамлекеттерде деле биринчи мөөнөтүнөн кийин иштеп жаткан президент экинчи мөөнөткө барат. Андыктан азыркы президентибиз деле барып, жеңип алуу мүмкүнчүлүгү зор. Албетте оппозициядагы азаматтардын арасынан деле бычакка сап боло турган азаматтар чыкса болот эле. Бирок бүгүнкү күнү андай адамды көрбөй атам. Анткени алардын ар биринин амбициясы чоң болуп жатат.

Ошондой эле айрым талдоочулар, оппозиция жээгиндеги саясатчылар арасынан Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Бакыт Бешимов сындуу саясатчылардын талапкердигине көбүрөөк көңүл буруларын белгилешет. 2010-жылдагы шайлоого оппозициядан бирдиктүү талапкер чыкпаган чакта азыркы президентти ээрден оодаруу мүмкүн эместигин айтышат.

Эскерте кетсек, 2008-жылдын 24-декабрында “Бириккен элдик кыймылга” жети саясий партия менен төрт кыймыл кошулган. Кыймылга “Ата Мекен”, “Ак шумкар”, “Жаңы Кыргызстан”, “Улуу биримдик”, Социал-демократтар, Жашылдар, “Асаба” партиялары жана Коомдук парламент, “Акыйкат үчүн”, “Бирдиктүү Кыргызстан”, Элдик революциялык кыймыл кирет. Ошентсе да кыймыл лидерлеринин айтымында, “Бириккен элдик кыймылда” азырынча бир лидер тандала элек жана анын жыйындарында кыймылдын саясий кеңешинин мүчөлөрү кезектешип жетекчилик кылышат.

Кыймылдагы “Улуу биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаевдин айтымында, алар үчүн азыр ким лидер болушу керектиги анча маанилүү эмес. “Эң оболу авторитардык бийлик системасын жоюп, калыс система түзүп, шайлоолорго ыңгайлуу шарттарды түзүү маанилүү”,- дейт Э.Каптагаев.

Жаңы жылда Бишкекте өрт кырсыгынан 3 адам ажал тапты

Өткөн жылы өлкөдө 3 миңге жакын өрт кырсыгы болуп, анын кесепетинен 110 адамдын өмүрү кыйылган. Адистер соңку жылдарда өрт кырсыгынан сактануу иш-чаралары солгундап, жетиштүү чара көрүлбөй жатканын айтышууда.

Өткөн жылдын статистикалык маалыматына караганда, өлкөдө 2 миң 830 өрт кырсыгынын кесепетинен 119 млн. сомдук материалдык байлык күйүп жок болгон. Ошондой эле өрт өчүрүүчүлөр кырсыктан 200 адамдын өмүрүн арачалап сактап калышкан.

Чукул кырдаалдар министрлигинин өрттөн сактоо башкармасынын улук инспектору Болот Ногойбаевдун айтымында, бардык катталган өрт кырсыктары коопсуздукту сактабагандыктан чыгып, миллиондогон сомдук чыгымга учураткан. Өлкөнүн өрт өчүрүүчүлөр кызматынын аркасы менен 5 млрд. сомдук материалдык байлыктар сакталып калган:

- Тамеки чегип, калдыгын өчүрбөй ыргытуудан, ширеңке чагып, өчүрбөй таштоодон өрттүн 24 пайызы, электр жабдууларын жана аспаптарын пайдаланууда өрткө каршы эрежелерди бузгандыктан 30 пайызы, балдардын от менен ойноп, шоктугунан кырсыктын 9-10 пайызы жана меш салдырганда же пайдаланганда өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандыктан 8 пайызы чыгып турат. 3 жылдан бери өкмөттүн ишкерлерди коргоо боюнча токтомунун негизинде өрт коопсуздугуна байланыштуу текшерүү да чектелип, алар өздөрүн өздөрү биле баштады. Ошентсе да 3 миңдей ишкерлерге акчалай айып салып, өрттөн сактануу керектигин эске салдык. 15 миңдей электр жабдууларын убактылуу токтоттук.

Өрткө каршы күрөшүү милдетин аркалаган мекеме эгемендүүлүктүн жылдарында бир дагы жаңы өрт өчүрүүчү машина алган эмес. Былтыр гана өкмөт 242 млн.сом каражат бөлүп, атайын жабдылган 6 автоунаа сатып алышкан. Ага чейин Кеңеш доорунан калган унаа, жабдууларды оңдоп түздөп эптеп кырдаалдан чыгып келишкен.

Өрт өчүрүүчү жоокерлердин айлык акылары 2-3 миң сом болгондуктан өмүрүн тобокелге салып, бул тармакта иштөөгө дилгир жаштар деле арбын эмес.

Чынында “тилсиз жоо” аталган өрт кырсыгынан сактануу иш-чаралары солгундап бараткандай сезилет. Учурда кыш өкүм сүрүп, отун, көмүр кымбат болгондуктан өлкө тургундары турак жайын электр энергиясы менен жылытып, айрымдары колдо жасалган электр жабдууларын колдонушат.

Ошондон улам жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө эле Бишкектен электр жылыткычтарынан чыккан өрт кырсыгынан 3 адам каза болгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” өрттөн сактоо башкармасынын борбордук байланыш бөлүмүнүн улук кызматкери Гүлбайра Молдакматова билдирди.

Ал эми Бишкектин Ак-Өргө жаңы конушунун тургуну Мунара Абдрашитованын айтымында, өрт чыккан учурда өрт өчүрүүчүлөр убагында келбейт, келсе дагы суу түтүктөрү жетпей, же жабдуулары начар иштейт:

- 101ге чалсаң, ар дайым бошобойт. Алса дагы оң жооп бербейт. Биздин Ак-Өргө конушунда бир нече ирет өрт чыгып, өрт өрүрүүчүлөр убагында келбей, күйүп бүткөндө келишкен. Буга бир коңшубуздун мончо, сарайы өрттөнүп, экинчи коңшунун үйү күйүп, ымыркай баласы да күйүп өлгөнү толук далил болуп берет. Өрт өчүрүүчүлөр өтө начар иштеп жатышат.

Былтыр Кемин районунда эле 300 гектар дан эгини өрт кырсыгынан улам күйүп кеткен. Мурдагы жылы Бишкекте «Бител» компаниясынын имаратынан өрт чыгып, чатыры күйүп, болжол менен 250 миң долларлык зыян тартышкан. Ошондой эле Бишкектеги «Турбаза» өрттөнгөндө эле 475 млн. сомдук материалдык чыгым болгон.

Өткөн жылы 4 миңге чукул эл чарба объектилери текшерилсе, ошонун 70-80 пайызынын өрткө каршы чаралары, шаймандары учур талабына жооп берген эмес.

Кыргызстанда өрт өчүрүүчү шаймандар, жабдуулар жасалбайт. Алар Орусияда жана башка чет өлкөлөрдө чыгарылып, баалары да кымбат болгондуктан, Кыргызстандагы мекеме-ишканалар сатып алууга чамасы жетпей турат.

Учурда Кыргызстанда 261 өрт өчүрүүчү машина болсо, анын 237си өз иш мөөнөтүн эчак өтөп бүткөн. Ошондо 20 машина гана толук пайдаланууга жарактуу. Ошол керектен чыгып, иштөө мөөнөтү бүтүп калган 261 машинанын 170ин оңдоп-түздөп, эптеп пайдаланып келатышканы - айла кеткендеги жорук.
Кеңеш доорунда жылына Кыргызстанга 5-6 жаңы машина бөлүнүп турчу. Атайын кийимдер жана жабдуулар өрт өчүрүүчү жоокерлерде жетишсиз. Мындай кийимдер менен жоокерлердин 30-40 пайызы камсыз болгону менен, алар деле керектен чыгып баратат. Быйыл элүүдөн ашуун жаңы машина келет дешип, өрт өчүрүүчүлөр үмүттөнүп, өкмөткө ишенип турушат.

2 млрд. доллар кредиттен ким утат?

Орусия Кыргызстанга убада кылган 2 млрд. доллар кредиттин шарттары ушул айда такталып, меморандумга кол коюлары күтүлүүдө. Бул президент К. Бакиевдин ушул айга белгиленген Москва сапарына байланыштырылууда.

Кыргыз өкмөтү Орусия убада кылып жаткан кредиттин шарттарын президент Курманбек Бакиев январдын ичине болжолдонгон Москва сапарынын учурунда биротоло такташып келет деп күтүп жатат. Анын негизинде эки өкмөт меморандум кабыл алмакчы. Кредит боюнча буга чейин премьер министр Игорь Чудинов Москвада Орусия өкмөт башчысы Владимир Путиндин убадасын алып кайткан.

Чудиновдун 17-декабрда парламентте билдиргенине караганда, кредиттин 300 миллион долларын Орусия бюджетти колдоого 40 жылга, ал эми калган 1 млрд. 700 миллион долларын энергетикалык курулуштар үчүн деп, түз инвестиция түрүндө 15 жылга бергени жатат:

- Интеграциялык жараяндардын алкагында бул маселе ЕврАЗЭШте эки жыл бою талкууланды. Бүгүн биздин өлкөнү өнүктүрүү стабилдүүлүгүнүн алдында коркунуч турганда Орусия ушундай кадамга баруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Ушинтип билдирген Чудинов парламентте Путин менен болгон Москва жолугушуусунда кредитке байланган эч кандай саясий маселе талкууланбаганын белгилеген. Анткен менен Орусиянын каржы министрлигинин жооптуу кызматкеринин маалымат каражаттарына айтканына караганда, жеңилдетилген кредит берип аткан Орусия анын шарттарын кароодо өз кызыкчылыгын сөзсүз эске алат.

Талдоочулар Орусия ириде Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна өз үлүшүн кошуп, аны экспорттоого келгенде Кыргызстандын экономикасына сөзсүз киришет деп жатышат.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев Орусияда саясий үч кызыкчылык – экономикалык, саясий, аскерий кызыкчылыктар бар деп эсептейт. Ага жараша Орусия экономикалык жактан Кыргызстандын энергетикалык тармагынан пайда көрүү, саясий жактан Борбор Азиянын катарында Кыргызстанды өзүнө биротоло буруу, аскерий жактан Канттагы базасы аркылуу Иран, Ирак, Ооганстан, Борбор Азия өңдүү мамлекеттерге таасир этүү, базасы Кыргызстанда турган АКШга кыр көрсөтүү максатын көздөп жатат дейт талдоочу:

- Орто Азия өлкөлөрүн жоготуп коюп, ыктаары жок калганда аргасыз бизге 2 млрд. долларды жардам сыяктуу беримиш болуп, бизди өзүнө тартууга аракет кылып атат. Орусияны боордошум, досум деп түшүнбөш керек. Бул кадимки эле саясат.

Талдоочу ушул жагынан алганда Кыргызстан атаандаш АКШ менен Орусиянын ортосунда жабыркап калуу коркунучу бар деп кооптонот. Ушундай эле көз карашты тутунган эксперттер Кыргызстандын бийлигин ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга чакырып жатышат.

Экономист катары Сарыбаев кандай жагдай болбосун Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгы үчүн азыркы кысталыш кезде Орусиядан жеңилдетилген кредит алуунун зыянынан пайдасы артык деп эсептейт.

Мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиев Кыргызстандын Орусиядан дегеле кредит алышын каалабагандардын катарында турат:

- Албаш керек. Канчалык жеңилдетилген кредит болсо деле бул мамлекеттин мойнуна жүк болот.

Экинчи жагынан чоң акчаны алгандан кийин Кыргызстан дүйнөдө эң таасирдүү өлкө болгусу келип жаткан Орусияга байланууга аргасыз болот дейт Муралиев. Мурдагы премьер-министрдин оюнда, энергетикалык курулуштар кредиттин эсебинен эмес, инвесторлорду тартуу аркылуу курулушу керек. Экс-премьердин көз карашында, Орусия кредит бергендин ордуна карыздарды жоюп койсо, Кыргызстанга көбүрөөк пайда болмок.

Кошумчалап койчу жагы – Кыргызстандын тышкы карызы 2,4 млрд. долларды түзөт. Анын ичинде Орусияга карызы 170 миллион доллардан ашык. Бул карызды жоюуга байланышкан орус-кыргыз өкмөттөрүнүн ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

Өкмөт патент акысын көбөйттү

Жаңы жылдан тарта ыктыярдуу патент акы катары алынчу салык өлчөмү көбөйтүлөт. Өкмөттүн ушундай токтомуна өткөн жылдын аягында кол коюлуп, Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетине жыл ичинде патент акысы катары алынчу салык өлчөмүн тактап чыгуу милдети тапшырылды.

Өкмөт жыл кур эмес патент акы төлөөчүлөрдүн катарын азайтып, салык өлчөмүн көбөйтүп келатат. 2009-жылы ишкердиктин 71 түрүнө гана патент менен иштөөгө уруксат берилет. Мурда патент акынын түрлөрү 138 жетчү. Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орунбасары Адылбек Касымалиевдин айтуусунда, өкмөт тарабынан белгиленген негизги салык өлчөмү жаңы Салык кодексине ылайык аныкталат.

- Салык комитети бүт республика боюнча патент өлчөмүн коюп чыгат. Андан кийин жылдын ичинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, бизнес түзүмдөрүнүн ассоциациялары менен чогуу хронометраж жүргүзөбүз. Ошолор менен чогуу аныктайбыз. Салык комитети өзү эле чечип койду дебесин үчүн үч орган биригип, хронометраж жүргүзүп, эсептеп, киреше менен чыгашасын чыгарып, анан ошондон кийин салыкты чыгарып беребиз,- дейт Адылбек Касымалиев.

Патент акыдан түшчү салык көлөмү жалпы жыйымдар менен салыктардын катарында анчалык деле көп эмес. Айталы, жалпы республика боюнча салыктардан эле 18 миллиарддын тегерегинде акча чогултулса, анын 300 миллиондой сому мына ушул патент акылардан түшөт.
Каржылык кризис токтолбой турган чакта патент акынын кымбатташы соода-сатык менен алектенгендердин көбүн башка иш издөөгө түртөрүн, коңшу өлкөлөрдөн келчү кардарлар азайганы айтылуу “Дордой” базарында отургандарды да катуу ойлонтуп жатканын жекече ишкер Гүлнара Кушбакова ырастады.

- Быйыл, мисалы, менин өзүмдө канча товарым өтпөй калды. Ошонун баары контейнерде. Кышкы товарларымды такыр саталбай калдым. Себеби Өзбекстанда, Казакстандан кардарлар келе алышкан жок. Келгендери сатып беребиз деп алышты. Алардын акчасын да толук чогулта элекмин. Азыр менин кытайга карызым аябай көп. Мен ошону толук чогултуп бергенге аракет кылып жатам. Бирок алардын жөнөткөн товарын да толук саталган жокмун.

Г.Кушбакова дүйнөлүк каржы кризисинин кээри Кыргызстанга алдагачан жеткенин, өз алдынча ишкерлердин кыйласынын амал-аргасы куруп, башка ишке өтүүнү ойлонуп жатышканын маалымдады.

- Эмне кылсак, мугалимдикке барсакпы, дарыгерликкеби, өзүбүздүн мурунку кесибибизди ойлоп калдык. Себеби ал жерде товарга сарптаган акчабызды кайра кайтарып алалбай, сатылган товарлардын акчасын чогулта албай калып жатабыз.

“Дордой” базарындагы өтүмдүү делген жерлерде соода кылгандар менен четирээк жагында иштегендердин патент акысы айырмалуу. Базардын четирээк жеринде соода кылган Динара Жакыпова да базарга келчү кардарлардын катары кийинки кездери кыйла азайганын ырастады.

- Соода такай эле болуп жаткан жери жок. Учуруна жараша болот. Биз мисалы, күзгө чейинки учурду күтүп олтурабыз. Жазда-жайында андай деле жакшы соода болбойт. Азыр ыйлактаган эле эл. Биздин го өзүбүздүн контейнерибиз бар экен. Башкалар дунган, уйгурлардын контейнерине ижара акы төлөп отурушат. Элге эле кыйын болот орто жолдо.

Өкмөт токтомунда белгиленген негизги салык өлчөмү бекитилип калчу болсо эң кымбат патент акы жайкы эс алуу учурунда зоок буюмдарын, унаасын пайдаланууга бергендердики болот. Алардын патент акысы 25 000 сомдун тегерегинде болушу ыктымал. Ошол эле базарлардагы күркө, павильон, контейнерлерде буюм-тайым саткандардын патент акысы 15 000 сом, аң териден тигилген кымбат кийим сатуучулардын патент акысы 10 000 сом деп белгиленген. Патент акынын эң төмөнү гезит, сүт саткандар үчүн белгиленген, 500 сом. А негизи көпчүлүк жеке ишкерлер үчүн патент акы 2 миң, 3 миң сомдон ашпайт. Өкмөт токтомунда патент менен иштегендердин айрымдарынын жүгүртүүдөгү каражаты кошумча нарк салык чегинен ашып кеткен учурлары аз эместиги белгиленип, аларды эсепке алуу кыйынга туруп жатканы айтылган. Кошумча нарк салык чеги катары өткөн жылы ошол эле өкмөт токтому менен 4 миллион сом көрсөтүлгөн.

Ош: Жарыктан үмүт үзгөндөрдүн жаңыча ыкмасы

Ош шаарында жарыктын тынымсыз өчүрүлүшүнөн улам үйдө үшүбөй отуруунун түркүн амалын ойлоп тапкандар көбөйдү. Жаш аялмет үй-бүлөлөр арасында кадимки кабаттуу үйгө айласыз меш куруп алгандары да бар.

Ош аймагында он күндөн бери суук катуу болууда. Жарык баштагыдай эле суткасына милдеттүү түрдө он эки сааттан өчүрүлүп жатат. Шаардагы айрым кабаттуу үйлөрдөн кадимки эле мештин моору чыгып, буркурап түтүн булап жатканын көрүүгө болот.

Мирлан Шабаев аттуу тургун да бешинчи кабаттагы квартирасына меш коюп, көмүр калап балдарын жылытып жатат:

-Он жылдан бери үйгө жылуулук берилбейт. Жылда жылыткыч печка колдонсом, быйыл жарык өчкөнүнө байланыштуу кадимки эле темир печка орноттум. Жаш балам бар, ал үшүбөй калды.

Дагы бир жаш үй-бүлөнүн кожоюну Асылбек Сеитов кыштан үшүбөй чыгуунун башкача жолун таба алды. Жарык өчүрүлөр замат ал эки айлык маянасын топтоп сатып алган газ печкасын жага коет экен:

-Жылуулук жок. Айласыздан Кытайдан чыккан газ печканы 9500 сомго сатып алдым. Жарык өчүрүлөрү менен аны саям. Балам-чакам суукта ооруп кыйналды. Бирок бул жылуулук гана бере алат. Тамак бышырыш өзүнчө азап.

Кышты утурлап өлкө башчысы баш болгон бийлик өкүлдөрү элди кышка жакшы камданууга чакырык жасашкан эле. Ошол кезде президенттин сөзүн эки кылбай, жетээрлик тезек жыйнап, алдын ала эскерткени үчүн президентке ыраазычылык билдиргендер да жок эмес.

-Мен президенттин айткан сөзүн угуп, Алайдын көмүрүнөн эки тонна сатып алып, азыр жыргап жашап жатам. Президент айтпады беле, көмүрүңөрдү отунуңарды, тезегиңерди камдагыла деп. Аны да туура тушунуш керек да.

Адылбек Батыралиев белгилеген өлкө башчысынын кыштан чыгуу ыкмасын, шаарда көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар аткара алышкан жок. Ошон үчүн жаңы эле үй-бүлө курган Айбек, чөнтөгү жукалар үчүн үйдү жылуу кармоонун өзүнүн ыкмасын ойлоп тапты:

-Жарык өчкөндө жылыткыч печкабыз да өчүп, үй заматта муздайт. Биз газга көп суу кайнатып туруп, кадимки эле жел шишелерге (боклашка) кайнак сууну куюп, бөлмөлөргө таштап коебуз. Жата турган жууркандарына да таштап койсоң, жылуулукту бир кыйла кармайт экен. Жок дегенде уктаганча үшүбөй туруунун айласы да.

Деген менен бардык эле шаардыктар үшүбөй калуунун түрдүүчө ыкмаларын колдоно билишпейт же ага да чамалары чак. Ушундан улам балдары тынымсыз суук тийип ооруп, чүрпөлөрүн кыш ичи аргасыз алыскы айылдарга жөнөткөндөр арбын.

-Мен эч эле жолун таба албай койдум. Алыскы айылдарга жөнөттүк бала-чакабызды. Бала-бакчада да, үйдө дагы жарык өчүп алар абдан эле кыйналып калышты. Кыш ичи айылда, көмүр бар жерде жүрүп келишсин.

Ошентип ызгаардуу суукта жарыктын жоктугу айрыкча шаардагы көп кабаттуу үйдө жашагандарды азапка салгандай. Ошондуктанбы, ашканага же балконго меш кура салып, же баклашкадагы ысык сууну жуурканга ороп, айтор суукка тоңбой жашоонун түрдүүчө жаңы ыкмаларды пайдаланган эл чамасы аргасыздан эпчил боло баштады көрүнөт.

Кыргызстандык футболчу Казакстанда мыкты аталды

Ушул тапта Казакстандын намысын коргоп жүргөн алатоолук футболчу Эмил Кенжесариев мыкты спортчулардын катарына кошулду.

Казакстандын футбол федерациясы 2008-жылдын жыйынтыгын чыгарып, натыйжада футболчу Кенжесариев мыкты коргоочу наамында үчүнчү орунга татыды. Ошондой эле ал мыкты жаш футболчу номинациясы боюнча дагы алдыңкы үч спортчунан катарына кирди.

“Жергиликтүү бийликтердин колдоосу жок кыргыз футболу өспөйт”

2008-жылдын декабрь айынын этегинде “Дордой-Динамо” футбол клубунун оюнчуларына сыйлык тапшыруу аземи өттү.

Бешинчи ирээт Кыргыстандын чемпиону аталган Нарындын футболчулары алтын медаль менен сыйланышты. “Дордой” клубундагы Руслан Сыдыков жылдын мыкты спортчусу аталды. Ал эми мыкты чабуулчу наамына Мирлан Мурзаев татыды. Жылдын жарым коргоочусу Вадим Харченко, ошондой эле бомбордири болуп Девид Тетте аталды. Ошондой эле бул клубдун беш футболчусуна спорттун чебери деген наам ыйгарылды.

Дордой-Динамо клубунун президенти Аскар Салымбековго кыргыз футболун көтөрүү үчүн спорттун бул түрүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү колдоого алыш керектигин, ансыз ийгиликтер болбосун айтты:

- Жогорку лигадагы оюндарга ар бир облустан командалар катышса жакшы болмок эле. Мисалы, Баткенде Кызыл-Кыя деген чоң шаар бар, менимче алардан жакшы команда чыкмак. Кара-Балта, Токмок, Балыкчы шаарларынын намысын коргогон клубтар пайда болсо футболдун өсүшүнө түрткү болмок. Чиновниктер карап, бийлик өкүлдөрү көңүл бурса деген эле тилек.

А. Салымбеков Футбол федерациясынын ишин дурус деп баалап, бирок дагы жасачу иштер бар экенин кошумчалады:

- Федерация колунан келген аракетин жасап жатат. Маркетингди билген, футбол менеджментин түшүгөн балдарды ишке алуу керек. Мисалы, Пакистандын федерациясы эл аралык турнир өткөрүп үч жүз миң доллар пайда табышты. Биздин федерация кайдан акча тапса болот, кандай турнирлерди өткөрүү керек, кайсы футболчуларды чет өлкөдө ойноого сатсак болот деген суроолордун тегерегинде иш жүргүзүп, киреше тапса болот.

Биз азыр “Дордой-Динамо” клубунун багытын ушул тармака бурсак деп турабыз. Молдавия, Грузиянын футбол командалары жаш футболчуларды тарбиялап, аларды бөлөк клубтарга сатып чоң кирешелерди табышуулда. Бизге азыр Африка өлкөлөрүнөн, Шри-Ланка, Казакстан, Орусиядан оюнчулар келишүүдө. Жакында аларды “Шериктештик” кубогуна алып барабыз. Жакшы оюнчуларыбызды башка бай командалар алабыз десе эмнеге бербешибиз керек? Футболчуларыбыз башка клубтарда ойногону менен чоң мелдештерде Кыргызстан курамасынын намысын коргошот.


  • 7-8-январда Тамга айылында фехтования боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт.
  • 8-9-январда ок атуу боюнча Рождество майрамына арналган мелдеш, Панфилов сейил багында уюштурулат.
  • 9-11-январда Борис Гендлердин элесине арналаган шахмат турнири болот.
  • 10-январда футбол боюнча Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кышкы чемпионаты башталат.
  • 11-январда Дене тарбия жана спорт академиясынын спорт борборунда Кыргызстандын көз карандысыз баскетбол ассоциациясынын чемпионаты өтөт.

Дүйнөлүк спорттон учкай кеп:

Спорт журналисттеринин Эл аралык Ассоциациясы Бээжин Олимп оюндарынын чемпиондору Усейн Болт менен Елена Исинбаеваны 2008-жылдын эң мыкты атлеттери деп аталды.

Жылдын эң мыкты командасы наамына 2008-жылкы Европа чемпионатын жеңип алган футбол боюнча Испанияны курамасы татыктуу болду.

Ямайкалык жеңил атлет дүйөлүк рекорддун ээси, Бээжин оюндарында 3 алтын медаль жеңген Усейн Болт ошол эле Олимп оюндарында эң жогорку 8 байгеге ээ болгон АКШлык сүзүүчү Майкл Фэлпстен 2,5 % көбүрөөк добуш алып мыктылардын топ башына чыкты.

Жылдын эң мыкты беш спортчусунун катарына эркектер арасында Испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль, "Манчестер Юнайтеддин" жарым коргоочусу португалиялык Криштиану Роналду жана “Формула-1” жарышынын чемпиону британиялык Льюис Хэмилтон кирген.

Аялдар арасында болсо, Бээжин оюндарында алтын медалды кезектеги дүйнө рекордун жаңыртуу менен жеңип алган Орусиялык атлет Елена Исинбаева эң мыкты болуп аталды.

Алдыңкы беш спортчунун катарына 800 метр аралыкта чуркоодо Олимпиада чемпиону жана “Алтын лига-2008” байгесинин жалгыз ээси кениялык Памела Джелимо, сербиялык теннисчи Елена Янкович, беш жана он миң метрге чуркоо боюнча Олимпиада оюндарынын чемпиону эфиопиялык Тирунеш Дибаба жана сууда сүзүү боюнча олимпиаданын эки жолку чемпиону австралиялык Стефани Райс киришкен.

Ошондой эле 2008-жылы эң мыкты уюштурулган беш мелдеш аныктады. Бул Бээжин Олимп оюндары, футбол боюнча Европа чемпионаты, Уимблдон теннис турнири, "Тур де Франс" веложарышы жана жабык имараттардын ичиндеги жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионаты. Белгилей кетсек, сурамжылоого жүзгө жакын өлкөдөн беш жүздөн ашык спорт журналистти катышкан.

Дүйнөлүк жаңы колониализм карааны

Кытайлык компаниялар чет жактан миңдеген гектар жерлерди сатып алууда.

Айыл чарба кылууга жери жетишсиз өлкөлөр чет өлкөлөрдөн жер сатып ала баштады. БУУнун айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүү уюмунун башчысы Жак Диуфтун айтымында, дүйнөдө “жаңы колониализмдин” карааны пайда болду.

Акыркы жылдары чет өлкөлөрдүн жерин өтө чапчаңдык менен сатып алып жаткандар – Кытай, Түштүк Корей, Жапон, Сауд Аравия жана Бириккен Араб Эмираттарынын компаниялары болууда. Маселен, кытайлык компания өткөн жылдын 9 айынын ичинде эле Африкадан, Бирмадан, Түштүк Америка менен Түштүк Чыгыш Азиядан жана Борбор Азиядан миңдеген гектар жерлерди сатып алды.

Кытай сатып алган жерлерден алынуучу азык-түлүктөр менен өз элин эле камсыздап тим болбостон, ошол жерин сатып алган өлкөлөрдүн өзүнө жана башка өлкөлөргө өндүргөн продуктуларын экспорттоону да ойлонуштуруп жатат. Кытай алтургай 21,4 млн. долларга Орусиядан 80,4 миң гектар жер сатып алып, алгачкы түшүмүн ала баштады,- деп жазды “Жаңылыктар” маалымат булагы.

Мына ошентип байманасы ашып- ташкан өлкөлөр ушинтип чет өлкөдөн жер сатып алуу иштери менен шугулданып, акырындап жергиликтүү элдин өзүн жер үлүштөрүнөн ажыратып, дыйканчылык рыногунан сүрүп чыгарганга чейин барышы мүмкүн дешет байкоочулар.

Кыргызстанда өкмөт башчысы Игорь Чудинов “Ишкердик жүргүзүүнүн түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттик негизге салынуучу салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө” токтомго кол койгондугун өкмөттүн басама сөз кызматы билдирди деп кабарлады “Бизнес Акипреss” маалымат агенттиги. Өкмөттүн түшүндүргөнүнө карасак, буга чейинки көп тараптуу патент системасы ишкерлердин бухгалтердик эсеп-кысап жүргүзүүдөн баш тартуусуна алып келген, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларын аныктоого кыйнычылыктарды жараткан, бюджеттик жоготууларга шарт түзгөн.

Эми мындан ары жаңы Салык Кодексинин 353-статьясына ылайык саткандан да, саткандан кийинки түшкөн кирешеден да салык төлөнө баштайт. “Бизнес Акипреss” маалымат агенттиги бул кабарга улай эле патенттик салык салына турган ишкердиктин түрлөрү боюнча аталыштардын таблицасын да жарыялады.

“Борбор Азия” РУ маалымат агенттиги жаңырган 2009-жыл жумушчу күчтөрүн экспорттоп келаткан өлкөлөр үчүн бир топ сыноо жылы болот деп жазды. Мындай өлкөлөрдүн катарына – Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан кирет. Орусия 2009-жылы мандикерликке болгон үлүштү эки эсеге кыскарта тургандыгы тууралуу былтыр Путиндин оозу менен жар салган. Мындан аз убакыт өтпөй Казак өкмөтү да чет элдик жумушчу күчтөрдүн үлүшүн 2,4 пайызга дейре кыскарта тургандыгын маалымдаган.

Ошентип “жыргаганымдан жылкычы болупмунбу” дегендей Орусия менен Казакстан мындай чечимди жыргагандарынан эмес, дүйнөлүк финансы кризисинен улам алууга мажбур болушууда. Орусиянын эмгек министрлигинин өткөн жылдагы билдирүүсү боюнча эле октябрдан бери карай 53 миңден ашуун орус жарандарынын өзүлөрү өз жеринде жумушсуз калган.

Ал эми Кыргызстан Орусияга жыл сайын 300 миңден 400 миңге чейин адамын экспорттоп турат. Ырасмий эмес маалыматтар боюнча бул санды дагы экиге көбөйтсө болорун айтышат. Айрым байкоочулардын оюнча, биринчиден, Кыргызстан коңшу Өзбекстан менен Тажикстан сыяктуу эле чет өлкөдөн агылып келе турган өз жарандарын кабыл алууга даяр эмес.

Экинчиден, кайтып келгендер өз өлкөлөрүндөгү жумушсуздардын армиясын толуктайт жана аймактагы саясый-социалдык каатчылыкка, туруксуздукка алып келет.


Үчүнчүдөн, мына ошол мандикенрлердин бюджетке кошуп келаткан акча булагы азаят. Маселен бир эле Тажикстандын улуттук дүң продуктусунун 10 пайызга жакынын эмгек мигранттары толтуруп келген. Өзбекстан менен Кыргызстандын бюджети да оңой эмес пайда көрүп турган. Эми бул өлкөлөр үчүн чынгы сыноо башталганы калды деп баяндалган анда.

Уй жылы Кыргызстан үчүн кандай күтүүсүз окуяларды даярдап жатты экен? Аналитиктер менен эксперттер жыл жаңырары менен эле ушул суроолордун үстүндө баш катыра башташты деп баяндады журналист Александр Токмаков “Кыргызстандын өнүгүү келечеги анча эмечс” аттуу макаласында “Борбор Азия” РУ маалымат агенттиги аркылуу.

Өткөн 2008-жыл Кыргызстан үчүн саясый жактан бир топ тынч жылдардын бири болду. Болгону жыл аяктап баратканда гана оппозициялык партиялар бийликке каршы чечкиндүү программалар менен чыккандыгын жар салышты. Белгилүү саясат иликтөөчү Нур Омаровдун пикиринде, бул жылы деле бийлик саясый атаандашсыз жеке базар бийлөөчүлүк жосунун дагы бекемдейт. Азыркы бийликке бириккен оппозициялык кыймыл деле реалдуу каршылык кыла албайт.

Кабарчынын: “Президент Бакиев бул жылы кандай аракеттерди көрүшү мүмкүн? Ал мурдагысындай эле оппозицияны бөлүп-жаргыч адатына өтөбү, бирөөсүнө кызмат бере коюп, бирөөсүнө кылмыш ишин козгото коюп дегендей?” деген суроосуна Нур Омаров: "ооба президент ушундай иштерди жасап келатат. Бирок турмуш көрсөткөндөй бул деле оппозицияга ойлогондой таасир бере алган жок. Анын үстүнө 2010- жылкы президенттик шайлоо да босогого кирип келди, мына ушуга байланыштуу президент эми жогорудагыдай кадамдардан баш тартышы мүмкүн",- деп айтты.

Өлкөнүн сациалдык-экономикалык жагдайы чындыгында эле көңүл жубатарлык эмес. Өкмөт бардыгын эл үчүн жасап жатабыз деп ишендиргиси келген менен реалдуу жашоо-турмуш такыр башканы көрсөтүүдө. Эгер абал улам оорлой берсе ушул жылдын февраль-март айларында эл өзү эле көчөгө чыгып кетиши мүмкүн. Бирок оппозиция дагы эле элдин массалык колдоосуна ээ эмес.

Ал эми дагы бир саясат иликтөөчү Марат Казакбаев: "оппозиция акыры көп жылдардан берки оңду-солду кадамдарын токтотуп, реалдуу күч болуп бирикти, бир тарабында – Текебаев, Сариев жана башкалар турса, бир тарабында – Бекназаров, Тургуналиев баштагандар турат. Булар биринчи жолу лидерлик амбицияны кое туруу керектигин түшүнүштү. Муну менен оппозиция туура иш жасады. Эми ал абдан айкын жолго чыкты, демек быйыл бийлик өтө олуттуу оппозицияга ээ болгону калды",- деп айтты.

“Кабар” маалымат агенттиги, “Мигранттардын балдары менен орус билим берүүсү жалпы тил табалбай жатат” деген макала жарыялады. Акыркы жылдары Орусиянын калкынын саны тыштан агып кирип жаткан эмгек миграттарынын эсебинен өсүүдө. Бирок алдардын окуу курагындагы балдары дагы эле көптөгөн кыйынчылыктарды жаратууда.

Мисалы, Кыргызстандан келген мигранттардын балдарын Орусиянын мектептери кучак жайып тосуп ала койгон жери жок. Ушу тапта бир эле Маскөөнүн мектептеринде чет элдик мандикерлердин 30 миңге жакын балдары билим алууда. Бирок тилекке каршы алардын көбү орус тилин билбегендер.

Айрым аналитиктер, чет элдиктердин мындай миллиондогон билимсиз балдарынын орус элинин каада-салтына, жашоо шартына ылайыкташуусу өтө жайбаракаттык менен жүрүп жаткандыгын, эгер мындай көрүнүш ушул калыбында кала берсе 15-20 жылдан кийин Маскөөнүн айрым райондору Париждин чет жакасындагы баш ооруга туш болорун айтышууда.

“Борбор Азия” РУ маалымат агенттиги ташкендик жазуучу Евгений Абдуллаевдин “Улуу ага болуунун кеч-күүгүмү. Борбор Азияны орустардын ээлешинин мааракесине карата” деп аталган макаласын окурмандарга сунуш кылды. Макалада мындан 140 жыл мурда же 1868-жылы адегенде Орусия Бухар эмираты менен, андан кийин Кокон хандыгы менен тынчтык келишимге кол койгонун, ошентип орустар анча көп чыгымга учурабастан эле Германия менен Франция, Австрия менен Венгрияны кошуп алгандагыдай аймакка ээлик кылып калгандыгы, ошондон тартып Борбор Азиянын СССР таркаганга чейинки тарыхы, кечээгиси, азыркысы, келечеги тууралуу сөз кылган.

Компьютердик оюндар балдардын аң-сезимин бузат

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жакын арада компьютердик оюндардын кесепетин талкуулашат. Алар акыркы убакта балдардын компьютердик оюндарга көбүрөөк азгырылып жатышынын кесепеттерин карашат.

2007-жылдын этегинде шаардык депутаттар окуучулардын сабак учурунда компьютердик клубдарга барышына тыюу салган токтом кабыл алган. Анда 18 жашка жете элек балдар сабак учурунда жана кечки жетиден кийин компьютердик борборлорго жана оюн автоматтарына кирүүгө тыюу салынары белгиленген. Бирок токтомду Адилет министрлиги ишкерлердин укугуна шек келтирет жана Конституцияга каршы келет деп каттабай койгон. Бишкек шаардык кеңештин маалымат-катчысы Чынара Усупбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, жакын арада ушул багытта талкууну шаардык кеңештин депутаттары өткөрмөкчү. Жыйында Баш мыйзамга каршы келбегидей кылып дагы бир токтом кабыл алуу аракети көрүлөт.

- Ата-энелер коому жана мугалимдер окуучулардын окуу убагында да оюн автоматтарына кирип, сабакка катышпай калган учурлары көп кездешип жатканын айтышып, ушул багытта кандайдыр бир программа кабыл алууну өтүнүп кайрылышкан эле. 2007-жылдын этегинде шаардык депутаттар окуучулардын сабак учурунда компьютердик клубдарга барышына тыюу салган токтом кабыл алган. Бирок токтомду Адилет министрлиги ишкерлердин укугуна шек келтирет, Конституцияга каршы келет деп каттабай койгон.

Дастан менен Алексей үйлөрүндө компьютер болгонуна карабай компьютердик клубдарга кез-кези менен кирип турушат. Анткени бир оюнду жалгыз ойногондон көрө эки же үч киши ойногон кызыктуу дешет алар. Саатына 20 сомдон жогору төлөп, 2-3 оюн ойногон Дастан кээде ата-энесинен тил укканын айтат.

- Биз көбүнчө үйдө ойнойбуз. Кез-кезде компьютердик клубдарга келип ойноп кетебиз. Анткени, эки-үч киши болуп ойногон кызыктуу, бизге жагат. Ал жакта тыюу деле салбайт. Мисалы, саатына 20 сомдон жогору. Акчасын берсек киргизе берет. Кээде көп ойноп ата-энемен тил угам. Бирок, оюн автоматтарына барбайм.

Бишкек шаарынын тургуну, журналист Аймира Мендеева эки баланын энеси. Эки баласы тең мектепте окуйт. Ал балдары компьютердик клубдарга барбаса да, эне катары бул маселеге мамлекеттик деңгээлде көзөмөл зарылдыгын белгилейт.

- Бийлик, өкмөт тараптан балдардын оюн автоматтарына, клубдарга баруусуна чектөө салып, көзөмөлгө алуусу керек. Бул балдардын билим алуусууна абдан тоскоол болууда. Компьютердик оюндарга, ар кандай клубдарга кирип атып эле балдар окууларын таштап салып, психологиясына да таасирин тийгизип жатат. Ушундай жайларда жүрүп эле же китеп окубай, же кызыктуу пайдалуу иш менен алектенбегендeн кийин аң-сезими да өспөй калууда. Башкача айтканда деградацияланып кетип жатат. Оюн автоматтары балдардын келечегине чоң зыян алып келет деп айтаар элем. Ата-энелердин бардыгы эле ушул ойду колдошот болуш керек. Бул балдар үчүн өзүнчө эле оору болуп калды.

Ал эми № 70 мектептин мамлекеттик тил боюнча директирдин орун басары Динара Айдаралиева мугалим катары мындай токтомдун чыгуусун колдойт. Анын айтымында, бир убактарда окуучулар тобу менен компьютердик борборлорго кирип, сабакка катышпай калышкан. “Ушул тапта балдардын сабактан качып ойногон массалык көрүнүш басаңдаганы менен, мыйзам чегинде кандайдыр бир кагазга таянган жакшы”, - дейт Динара Айдаралиева.

Бишкек шаарындагы оюн автоматтардын биринин кызматкерлери айрым учурда аларга окуучулар да баш багып, кантип, кандай ойноону көрсөтүүнү суранып, кызыккандар да болоорун айтышат. Бирок бул жайда 21 жаштан жогорку гана жарандар кире алат деген тартибине карап алар окуучуларды киргизбейт. Кызматкерлердин айтымында, айрым учурда бул жерге ата-энелер өздөрү келип, баласын киргизбөөнү өтүнүп, баласынын сүрөтүн таштап кетишет.

- Биз алгач паспортун текшерип анан киргизебиз. Эгер жаш балдарды оюнга отургузганыбыз үчүн көп жооп берип калабыз. Ал үчүн айып пул төлөп, айлыгыбызды албай калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан мектеп окуучуларын киргизбейбиз. Бизге 21 жаштан жогору жаш балдар, студенттер, анан чоңдор келет.

Психологдордун айтымында, оюн автоматтары же компьютердик клубдарга көбүнесе 12-16 жашта берилип кетүү коркунучу бар. Адистер ата-энелерге ушул жаштарда балдарды көбүрөөк көзөмөлдөөнү сунуш кылышат жана оюнга, кумарга берилген бала алгач көп сүйлөбөй, жоопкерчилиги жоголуп, анча-мынча алдаганды үйрөнө баштайт дешет. Оюнга баш-оту менен кирип кеткен баланы кадимки оорулуу катары даярылоо зарылдыгын белгилеген психологдор, эң жакшы жолу алдын алуу экенин эскертишет.

Тайгак жолдо кырсык көп тооруйт

Учурда жолдор тайгак болуп туз, кум себилбегендиктен жол кырсыктары арбын болууда дешет айдоочулар. Бишкектеги «Тазалык» ишканасынын жетекчилери күнүнө көчөгө 320 тонна кум себилип жатканын айтышууда.

Бишкек шаардык МАИ башкармасынын жетекчиси Токтосун Сатаровдун маалыматына караганда борбордо жолдун карын тазалоочу техника жетишсиз. Ошондуктан жолдор учурунда тазаланбагандыктан жана кум-туз себилбегендиктен жол кырсыктары болууда:

-Өлкөдө жолдун карын тазалоочу техника жетишпейт. Алардын 40 пайызы гана иштеп жатат. Транспортту катуу ылдамдыкта айдоо, айдоочулар машиналарын кышка даярдабаганы, коопсуздук курду тагынбаганы кырсыктардын көп болушуна себепкер.

Бишкектик айдоочу Тимур Асановдун айтымында учурда борбордук көчөлөргө гана кум, туз себилип, башка жолдорго кум, туз себилбей, кары күрөлбөй жатканы кырсыкка себепкер болууда.

Бишкектин тургуну, сүрөтчү Алмаз Кудайбергеновдун баамында өкмөт үйүнүн айланасы, Алатоо аянты жана борбордук дүкөндөрдүн жанындагы кар тазаланып, борбордук көчөлөргө гана кум себилип, башка жолдор кароосуз, тазаланбай калууда.

Айдоочулардын мындай айыптоосун Бишкек шаардык “Тазалык” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Рысбек Сарпашев четке каргып, жолго себилүүчү кум, туз жетиштүү даярдалып, күнүгө 320 тонна кум себилип жатканын “Азаттыкка” билдирди:

-16 кар тазалоочу жана 9 кум жана туз себүүчү машина иштеп жатат. 3 миң 900 тонна кум даярдалган, ошондой эле 363 тонна туз жолго чачуу үчүн даярдалган. Мындан сырткары да кошумча техникалар иштеп жатат. Чынында эле негизги көчөлөргө кум, туз себилгени менен башка көчөлөргө жетише албай жатабыз. Техника жетишсиз болууда. 50-60 техниканын ордуна 25 гана техника иштеп үлгүрбөй жатат.

Өлкөнүн акыйкатчысы Турсунбек Акун Бишкектин айрым көчөлөрүндөгү кар тазаланбай, тайгалактан жол кырсыктары болуп жатканын сынга алды. Акыйкатчынын пикиринде Транспорт министрлиги жана Бишкек мэриясы жол салыгын алгандан кийин кышкысын жолдордун кесилиштерине кум, туз сээп, карын тазалап, кышка мурдатан даярдык көрүүсү зарыл болчу.






Москвада эки кыргыз жигити киши колдуу болду

Жаңы жылдын түнүндө Москвада эки кыргызстандык бычак жеп, ажал табышкан. Бул окуянын чоо-жайы тууралуу Орусиядагы кыргыз элчиси Райымкул Аттокуров “Азаттыктын” Москвадагы кабарчысына кеп салып берди.

Р.Аттокуров: - 31-декабрдан 1-январга караган түнү эки жараныбыз, Ош областына караштуу Кара-Суу районунун Агартуу аттуу айылынын тургундары: 25 жаштагы Мамазаиров Дастан (Кыргыз Республикасынын жараны) жана 27 жаштагы Мамазаиров Сталбек (Орусия Федерациясынын жараны) түн жамынып дүкөнгө чыгышкан сыяктанат. Дүкөндүн алдында кавказдык жигиттер менен чарпыша түшүшкөн шекилдүү. Ал жерде Дастан менен Сталды бычактап кетишиптир. Алар ошол түнү кайтыш болушкан. Аны угаары менен элчиликтин кызматкерлери барып, Москвадагы ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине кайрылып, тиешелүү чараларды көрүштү. Кечээ кечинде Москва – Ош учагы менен маркумдардын сөөктөрүн Кыргызстанга жибердик.

Биздеги маалымат боюнча, дагстандык Рустам аттуу жаш жигит аларды бычактаган. Анын сүрөтү бар, ички иштер бөлүмүнүн тергөө тармагынан иш жүргүзүлүп жатат. Бирок кечээ кечке дейре ал кармала элек болчу. Ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси алдыңкы жумада ал кишини кармайбыз деген убада берди.

«Азаттык»:- Дагы бир маалыматта үч кыргызга кол салуу болгон экен, экөө кайтыш болуп, бирөө аман калыптыр деп айтылууда...

Р.Аттокуров: - Үчүнчү киши туурасында бизде маалымат жок. Үйдөн эшикке ага-ини экөө эле чыгышкан. Калгандары үйдө болушкан.

«Азаттык»: - Дагы бир булак жазганга караганда, кыргыздар менен кавказдыктар ортосунда мушташ чыгыптыр, анын акыры бычакташуу менен аяктаптыр деп да айтылат.

Р.Аттокуров: - Бул мушташтын улуттар арсындагы карама-каршылыкка тиешеси жок го деп ойлойм. Түн жарымында тамак-ашы түгөнүп калганга байланыштуу дүкөнгө чыгышса, анан кайдан мындай болсун деп ойлойм. Менимче, бул окуянын улуттар арасында кагылышка негизи жок.

«Азаттык»: - Орусия чоң мамлекет. Бул күндөрү жер-жерлерде буга окшогон көп эле окуялар болуп атат экен. Маселен, бир эле Питерде жыл ажыраган түнү белгисиз себептер менен беш киши өлтүрүлүптүр. Бирок маркумдардын аты жөнүн, кайсы өлкөнүн жараны экендиги так жазылбаптыр. Башка аймактарда жашап атышкан кыргыз мигранттарынын абалы кандай?

Р.Аттокуров: - Азыркы учурга дейре Орусиянын башка аймактарында жүргөн жарандарыбыздын буга окшогон кырсыкка туш келгендиги туурасында кабар бизде жок. Биз күндө эки-үч жолу ар аймактын жетекчилери менен, мигранттык комитеттин өкүлдөрү менен, диаспора жетекчилери менен байланышып, кандай кырсык, жаңылыктар бар билип турабыз. Азыркы убакка чейин кыргызстандык жарандарыбыз буга окшогон кырсыкка дуушар болушканы турасында маалымат жок.

“Хизб ут-Тахрир” уюмун легалдаштыруу керекпи?

Талдоочулардын баамында, бийликтердин тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмун теске салуу аракеттеринен жакшы майнап чыкпай, бул уюм Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн басаңдаткан жок.

Буга чейин былтыр күзүндө Ноокат районунда бир катар жергиликтүү тургандар райондук администрациянын имаратын таш-бараңга алып, буга тиешеси бар делген “Хизб ут-Тахрир” уюмунун 32 мүчөсү алды 20 жылга чейин соттолгон эле.

Жакында эле “Хизб ут-Тахрир” уюму 2009-жылдын 3-январында экономикалык конференция уюштура турганын айтып, кыргызча-орусча жазылган чакыруу баракчаларын таркатышты. Чакыруу баракчалары маалымат каражаттарынан тарта, мамлекеттик чоң кызматта турган адамдарга да жөнөтүлгөн. Чакыруу баракчасында конференция Африкадагы Судан мамлекетинин борбору Хартум шаарында өткөрүлөрү жазылган.

Өзүн “Хизб ут-Тахрир” тыюу салынган партиясынын мүсөсү катары тааныштырган Нарынбек Сейитбеков аттуу жарандын айтымында, Судандагы “Хизб ут-Тахрир” партиясынын конференциясына чакыруулар Кыргызстанга кеч жетти. Анын айтуусунда, чакырууларды таркатууга тоскоолдуктар болгондуктан 3-январда болуучу жыйынга чакыруулар ошол күндөрү таркатылды.

Ошондой эле анын айтымында, “Хизб ут-Тахрир” партиясы өнүккөн өлкөлөрдө ачык эле иштейт жана ал эч качан күч колдонуу менен бийликке келүү демилгесин көтөрбөйт:

- “Хизб ут-Тахрир” партиясы көмүскөдө иштебейт негизи. Көмүскөгө түрткөн ошол мамлекет болуп атат да. Бул өзүнүн баш мыйзамына каршы чыккандык болуп саналат. Башка чоң-чоң мамлекетте бул эркин, ачык эле иштейт.

Саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин айтымында, ушул тапта бийликтегилер “Хизб ут-Тахрир” эмне экендигин терең түшүнбөй туруп эле каршы болушуп, маселени кайра ырбата турган кадамдарга барышууда. Ошол себептүү эл арасында бул уюмга ыктагандардын саны өсүүдө. Булардын өлкө келечеги үчүн коркунучу бар экендигин айткан талдоочу, канткен менен бийлик алар менен кызматташууга барса туура болмоктугун баса белгилейт:

- Албетте бул Кыргызстан үчүн коркунучтуу. Анткени Кыргызстан өз тилин жоготуп, арабча сүйлөгөн өлкөгө айланышы мүмкүн эгер ушундай кете берсе. Менин ичим күйүп атканы бул болуп атат. Мисалы, жанагы биздин жаш балдар түшүнүп-түшүнбөй туруп эле партияга кирип кетишип, аларды кийин соттоп жиберип атышат. Ошондуктан балким “Хизб ут-Тахрирди” легалдаштыруу керектир. Алардын өкүлүнөн бирөө Жогорку Кеңеште отуруусу керектир. Анткени алардын кылмыштары үчүн бирөө жооп бериш керек да. Жанагинтип кичине балдарды камай беришсе жыйынтык чыкпайт. Тескерисинче булар өсө берет. Аларды запкы чеккен баатырга айлантып, Иракта Жорж Бушту батинке менен ургандай даңазалап жиберебиз.

Жакында эле Кыргызстан мусулмандар кеңешин түптөгөн мурдагы Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу да бир катар саясий талаптарды коюп, мусулмандардын кызыкчылыктары корголушу керектигин айтууда. Айрым чөйрөлөрдө анын “Хизб ут-Тахрир” уюму менен байланышы бар экенин айтышканы менен Турсунбай Бакир уулу андай кеп-сөздөрдү четке кагып, халифат куруу идеясы баары бир жакында ишке ашпасын “Азаттыкка” билдирди:

- Эми бизге атайылап “Хизб ут-Тахрирди” жабыштырыштары мүмкүн. Анткени бүгүнкү бийликтер кудайга да ишенишпейт, коммунизмге да ишенишпейт. Орто жолдо калышкан булар. Эгер адамдар бир нерсеге ишенишсе, коммунизмге же кудайга ишенишсе “тормуздары” болот эле, “ал ишти кылба, бул ишти кылба, анткени жазалоо аласың” деп. “Хизб ут-Тахрир” халифат курабыз деп атышат. Биздин оозубуздан халифат курабыз деген сөздү уккан жоксуңар. Каяктагы халифат эгерде Кыргызстанды оңдой албай атсак. Бүгүнкү күнү 29 араб мамлекети өздөрү халифатка айлана албай атышат. Кичинекей Израиль баарын жеңип койду.

Ошентсе да бир катар бийлик өкүлдөрү бул партия Кыргызстанда тыюу салынгандыгын, андыктан алар менен кызматташууга баруу эч акылга сыйбаган иш болорун айтышууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG