Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 07:01

Кыргызстан

Ал өйүз менен бул өйүз

1-декабрда Бишкекте «Жыйындар тууралуу» жаңы мыйзам долбоорунун талкуусу өттү. Баш мыйзамда жергиликтүү бийликти кабардар кылып тынч жыйын өткөрүү укугу берилгени менен, аны ишке ашырууга толгон-токой тоскоолдук бар.


Кыргызстан Конституциясында бекемделген тынч жыйын өткөрүү укугу жергиликтүү бийлик жетекчилери менен жарандар ортосундагы итжыгылыш күрөшкө айланып кетти. Бишкек шаар кеңешинин Башмыйзамга кайчы келген токтомунун конституциялык соттон жокко чыгарылышы көнүмүшкө айланып баратат. Бирок да 2008-жылдын 5-августунда кол коюлган мыйзамда куралсыз тынч жыйын өткөрүүчүлөр эки жума илгери жергиликтүү бийликтен уруксат алуусу көрсөтүлгөн. Укук коргоочулардын чоң сынына аскердик милдет жөнүндөгү мыйзамдын куралдуу күчтөрдү ички саясий маселелерди чечүүгө пайдалануу жөнүндөгү беренеси да кабылууда. Парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Иса Өмүркуловдун ырасташынча, Бишкек шаар кеңеши тынч жыйындарды чектөө боюнча эки ирет токтом кабыл алды.

- Жыйындарды өткөрүүгө болбогон бир жерлерди беришке макул. Дурус дагы Атмайдандын жанын көрсөтүшүптүр. Башка убакта малбазарга деле жөнөтүшү мүмкүн. Анан шаардан чыгарып Сокулукка же Тоолуу Маевкага барып өткөргүлө деши ыктымал.

Бишкек шаар башчысынын биринчи орунбасары Мурат Исмаилов кийинки эки жылда 56 ирет жыйын өткөнүн, анын жыйырмасы бейуруксат чогулуштар болгонун маалымдап, жаңы мыйзам долбоору тууралуу пикирин мындайча билдирди.

- Принцибинде дурус эле мыйзам, мен эксперттик талкууларга көп катыштым. Албетте, анда принципиалдык жана редакциялык мүнөздөгү оңдоло турган жерлери бар.

2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин тынч жыйындардын чаң-тополоңун чыгарып, чуу баштаган ак жоолукчандар тобу - көпчүлүк арасында өзгөчө милдеттеги аялдар отряды (ОБОН) пайда болду. Мыйзам сактоочулар чатак салчуларды кармабай, аларды тынчытмакчы болгондордун колун кайрып алып кетүүнү адатка айлантышканы мыйзам долбоорунун талкуусунда көп айтылды.

- Кайсы бир шумпайлар даярдаган топ эркектер менен аялдар келип тынч өтүп жаткан жыйынды тополоңго салып, ишти үзгүлтүккө учуратат. Бардык жерде ушундай кылышат,- деп билдирди парламент депутаты Ирина Карамушкина.

Жаңы мыйзам долбоорунда тынч жыйынга каршы жыйын, атайын даярдалган кутумчуларды айдактоого жол бербөө жагы көрсөтүлгөн. Парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын өкүлү Алишер Сабировдун белгилөөсүндө, мыйзам долбоору кызыгууну жаратат.

- Аны бекемдеш үчүн эларалык эксперттердин пикирлери келтирилген. Бирок да эларалык эксперттер өздөрүнүн үйүнүн үстүнө чыгып алып көргөнүн ортого салышат. Биз болсо ар бир мыйзам долбоорун Башмыйзамга, коомдук турмушубуздун ушул тармагына тиешеси бар башка мыйзамдарга кайчы келер-келбесине жараша карайбыз.

Жыйындар тууралуу жаңы мыйзам долбоорун даярдоочу жумушчу топтун жетекчиси, Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун жаңы документке Венеция комиссиясынын корутундусу алынганын ырастады.

-1993-жылкы 5-майда кабыл алынган Конституция гана ала алган. Андан кийинки Конституциялардын бирөөндө да Венеция комиссиясынын корутундусу жок. Ал эми мобул мыйзамга - И.Масалиевдин иштеп аткан мыйзамына андай корутунду берилген эмес.

Мыйзам авторлорунун бири Алмаз Эсенгелдиевдин айтуусунда, аракеттин баары тынч жыйын өткөрүү укугун калыбына келтирүүгө багытталган.

- Эл менен милициянын жөндөн-жөн каршылыгын чыгарбоо, өлкөдө көпчүлүк катышкан иш чараларды цивилизациялуу жол менен чечүүгө жетишүү. Жөн-жай кишилердин өлүмүнө алып келчү тирешти токтотуп, мамлекетти жок болуп кетүү коркунучунан сактоо.

Т.Акун жыйындар тууралуу жаңы мыйзам долбоору талкуулардан соң дагы иштелип, жакын арада парламент кароосуна берилиши мүмкүн экендигин ырастады.

Саясий туткундар тогуз эсе көбөйдү

Президенттик шайлоо күнү Балыкчыда “шайлоо өткөрүүгө тоскоол болгон, Конституциялык түзүлүшко шек келтирген, баш-аламандык кылган” деген айып менен 23 киши камакка алынган.

Кыргызстандагы саясий куугунтукка кабылгандардын укугун коргоо комитети акыркы эки жылда өлкөдө абийир туткундарынын саны 98ге жеткенин билдирүүдө.

Кыргызстанда 11 киши абийир туткуну болуп саналарын 2004-жылы Эл аралык мунапыс уюму жарыялаган эле. Бүгүнкү күнү бийлик тарабынан куугунтукка алынган адамдардын саны жүзгө чукулдап калганын Кыргызстандагы саясий куугунтукка кабылгандардын укугун коргоо комитети билдирип чыкты.

Комитеттин жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, абийир туткундары болуп, бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы пикирин билдиргени үчүн ар кандай куугунтуктарга кабылып, камакка алынган адамдар саналат. Анын айтуусунда, акыркы бир жарым-эки жыл ичинде бийликке кылган каяшасы үчүн камалып, сабалып, ошол эле учурда өмүрүнүн коопсуздугу үчүн туулган жеринен кетүүгө аргасыз болгондордун саны бир кыйла өскөн:

Топчубек Тургуналиев: "Aзыркы бийлик үй-бүлөлүк башкаруу системасын сактоо максатында өзүнө каяша кылган бардык адамдарга куугунтук жасап жатат"
- Акыркы бир жарым-эки жылдын ичинде бийликке ачыктан ачык каршы чыккан саясатчылардын, ачык жазып, “ала карганы атынан атап” койгону үчүн журналисттер атылып, сабалып, кээ бирлери камалды. Башка мамлекетке кетип, баш калкалоого аргасыз болгондору бар. Биздин комитеттин быйылкы чечими менен биз сексенден ашык кишиге “абийир туткуну” деген наам бердик.

Топчубек Тургуналиев азыркы бийлик үй-бүлөлүк башкаруу системасын сактоо максатында өзүнө каяша кылган бардык адамдарга куугунтук жасап жатат, деп кошумчалады:

- Бул үй-бүлөлүк авторитардык бийлик үй-бүлөлүк тоталитардык диктатурга айланып жаткан учурда саясий куугунтук эбегейсиз күчөдү. Кыргызстанда 37-жылдардагы массалык репрессиянын эпкини байкала баштады. Быйылкы президенттик шайлоодо эле канча кишинин укугу тебеленди. Азыр оппозициядагы адамдар эле эмес, алардын тууган-уруктары, мамиле түзгөн жакындары да бийликтин куугунтугуна кабылууда.

Ошентсе да сыртка баш калкалап кеткендердин баарын эле саясий туткун деп атай берүү – куру кыйкырыкка барабар деген пикирлер да жок эмес. Саясат таануучу Жолборс Жоробеков саясий куугунтукка кабылгандар жүзгө чамалады деп жарыя кылуудан мурун, алар эмне үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин терең иликтөө зарыл деп эсептейт:

- Алар жөн жерден эле кетип калышкан жок. Бул көпчүлүккө белгилүү. Бири салыгын жашырган, дагы бирөө союз таркагандан кийин оңой ээ болуп алган байлык-мүлкүн сакташ үчүн, калгандары дагы мына ушундай өзүнүн кызыкчылыгы үчүн качып кеткендер. Ал эми алардын өздөрүн “саясий туткун” деп айтуусунда да кызыкчылыгы бар, анткени минтип айтса, аларга эл аралык уюмдар тарабынан акча-каражат берилет.

Саясат талдоочу Марат Казакбаев 2005-жылы март айында келген бийликтин тушунда Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелгени, оппозицияга өз пикирин айтууга эч кандай мүмкүнчүлүк берилбей келе жатканы ырас, бирок аларга кылмыш иши козголуп, сот
М. Казакбаев: "Кемигинде да, керкисинде да бар..."
жообуна тартылып жатышында өздөрүнүн да күнөөсү бар деп эсептейт:

- Өзү оппозицияда болсо, бир аз абайлап жүрүшү керек да. Анткени баары бир басым-кысым боло берет. Бирок менимче, күнөөнүн көпчүлүгү – бийликте. Анткени оппозиция мүчөлөрү деле биздин жарандар. Аларга дагы мүмкүнчүлүк бериш керек. Демократиялык мамлекетпиз деп аткан соң, демократиялык механизмдер менен иш алып баруубуз тийиш.

Белгилүү болгондой, жаңы бийликтин тушунда 2006-жылкы ноябрь, 2007-жылкы апрель митингдеринен кийин бир топ саясатчылар, журналисттер Кыргызстандан сыртка баш калкалап кетүүгө аргасыз болгон. Апрель митингине катышкан бир нече киши “баш-аламандык кылган” деген айып менен соттолуп, камалып кетти. Андан кийин 2007-жылы болгон парламенттик шайлоодо бийликтин “Ак жол” партиясына негизги атаандаш болгон “Ата Мекен” партиясынын айрым мүчөлөрү да сыртка качкандардын катарын толуктады.

Акыркы эки жылдан бери өмүрүнүн коопсуздугу үчүн туулган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгондордун арасында журналисттер көбөйдү. Алсак, өткөн жылы “Де факто” басылмасынын журналисттери Чолпон Орозобекова менен Жеңишбек Эдигеев чыгып кетсе, быйыл жазында белгисиз бирөөлөр мыкаачылык менен кол салып, эки колун, эки бутун сындырып кеткен журналист Сыргак Абдылдаев өлкөдөн чыгып кетти.

Саясий куугунтукка кабылгандардын укугун коргоо кыймылы быйылкы жыл башынан бери жети журналистке кол салуу болуп, көз карандысыз журналист Алмаз Ташиевдин каза тапканын, эки жыл мурда Ошто белгисиз бирөөлөр атып өтүргөн журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу иш эмдигиче ачылбай келе жатканын белгилейт. Ал эми быйылкы президенттик шайлоодон кийин Жогорку Кеңештин социал-демократчы эки депутаты: Кубанычбек Кадыров менен Бакыт Бешимов, БЭКтин мүчөлөрү Качкын Булатов менен Жолдошбек Орозов Кыргызстанды таштап кетүүгө мажбур болду.

Президенттик шайлоо күнү Балыкчыда “шайлоо өткөрүүгө тоскоол болгон, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген, баш-аламандык кылган” деген айып менен 23 киши камакка алынган. Алардын бири, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган Канат Сопиев өмүрүнүн коопсуздугу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун “Азаттыкка” айткан эле:

"Адилеттиги жок адамдар өлкөнү башкарып турганда мекенди таштап кетүүгө аргасыз болдум"
- Мамлекеттик айыптоочулар сот бүтө электе эле, "кыйын болуп каяша сүйлөбөгүлө, силердин тагдырыңар эчак чечилген", деп алдын-ала тыянак чыгарып койгону, мына ушунун баары соттон калыс чечим болбой турганын айгинеледи. Баары бир кайра эле камайт экен деп качууга аргасыз болдум. Адилеттиги жок адамдар өлкөнү башкарып турганда мекенди таштап кетүүгө аргасыз болдум. Азыркы бийлик кетип, башка эл үчүн иштеген адамдар келгенде эле кайтпасам мага оор болуп калды го...

Ушул тапта оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү Исмаил Исаков, Аликбек Жекшенкулов, Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев, Уран Рыскуловдун үстүнөн соттук териштирүүлөр жүрүүдө.

Исаков менен Куловдун соттолушунда кандай окшоштук бар?

Кечээки сот ишинде Кыргызстандын аскер прокуратурасы мурунку коргоо министри Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен ажыратууну сурады. Бул иш боюнча коомдук жактоочу, “Ар-намыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырованы сөзгө тарттык.

- Бөдөш айым, кечээки сотто мамлекеттик айыптоочу-прокурор Тимур Карабаев Исаковду 8 жылга эркинен ажыратып, генералдык наамынан ажыратууну соттон сурады. Прокуратура тарабынан Исаковго коюлган айыптар сизди ынандырдыбы?

- Жок, мени ынандырган жок. Анткени үч эпизод менен каралып аткан эң оор эпизодунан Исаковду күнөөсүз деп так актаганга аргасыз болушту. Бирок калган эки эпизоду боюнча дагы бул мамлекеттик айыптоочунун коюп аткан күнөөсү мени канаттандырбайт, мени эле эмес, баардык сот процессинде катышып отургандарды, алтургай жалпы коомчулукту канаттандырбайт.

- Негизги жүйөөсү сизди эмнеси менен канаттандырбай жатат?

- Негизгиси "чү" дегенде эле 8 жылды, анан болгондо да күчөтүлгөн тартип, үй-мүлкүн конфискация жолу менен генералдык наамын алып таштасын деген бул таптакыр мыйзамга дагы, акылга дагы сыйбай турган нерсе. Анткени буга негиз жок. Бул оор өкүм. Негиз жок деп айтып атканымдын себеби, бул калган эпизоду боюнча дагы далилдер толук эмес, такыр эле такталган жок. Үй маселеси боюнча, анан кийин эң акыркы эпизоду коргоо министрлигиндеги майрамдарды уюштуруу боюнча. Ушул жерден бир нерсени тактап айтып кетиш керек, кызмат абалынан шалаакылык менен пайдаланды, үй берилди деп айтып атат.

Эгерде кызмат абалынан шалаакылык менен пайдаланса Исаковдун баласына таандык эки бөлмөлүү үйдө эмдигиче баласы жашап, океандын ары жагында башка мамлекетте күн кечирбей ошол эки бөлмө үй эмес, элиталык үйлөрдө жашап калыш керек эле. Тескерисинче, ал баласына убактылуу жашоого берилгенин бир тоголок арыздын аркасынан билгенден кийин тез аранын ичинде Коргоо министрлигинде коррупцияга каршы комиссия чакырып туруп, тапшырма бергенден кийин ал үй толугу менен эч нерсеси кыйшайбай, бир эшигинин туткасы дагы өзгөрүлбөстөн кайра Коргоо министрлигинин балансына койгонун ошол эле мамлекеттик айыптачуулар да танган жок.

Туура, ал жерден эч кандай министрликке дагы, ошол эле мезгилде келишим түзгөн “Бишкек курулушка” дагы зыян келтирилген эмес. “Бишкек курулуштун” башкы директору келип көргөзмө берген маалда айткан, мурунку Танаевдин убагында түзүлгөн, акча түрүндө алына турган 4 млн. акчанын ордуна Коргоо министрлигине 5 квартира 1 млн. сом акча деп келишим түзүү Коргоо министрлигинин өзүнүн пайдасына чечилген, өзүнө берилген жоопкерчилик. Ушундай кылганга министрликтин акысы бар эле деп айткан.

-Исмаил Исаков менен кезинде Феликс Куловдун соттолушунда кандай окшоштуктар бар?

- Феликс Куловду дагы ушинтип такталбаган айыптар менен өкүмдү окуп туруп, соттор качып кирип кеткен. Ошондо дагы “чү” дегенде эле генералдык наамын алабыз деп тийишкен. Мен ушул жерден ойлоп турам, бул жөндөн-жөн эле үтүр, чекити жок эле фамилиясын гана өзгөртүп туруп, калган өкүмдүн бардыгын Акаевдин мезгилиндегини көчүрүп жазып алганбы деп.

- Демек саясий кырдаалга жараша ушундай саясий чечимдер кабыл алынып жатат деп ойлойт экенсиз да?

- Мен бул мезгилге чейин мындай болоорун күткөн эмесмин, мен Акаев системасы жоголгон болуш керек, мындай такталбаган маалыматтар менен оор айып коюп, болгондо дагы арабыздагы ушундай чоң генералдарга тийишүү калган болуш керек деп ойлоп аттым эле. Бирок мен кечээ күнкү мамлекеттик айыптоочунун сөзүнөн кийин мен ойлоп атам, дагы эле ошол нерсе чыпчыргасы коробой сакталып калган окшойт деп.

- Рахмат маегиңизге.

Энергетикага келген миллиондор кайда?

Энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн эгемендик алгандан бери миллиондогон каражаттар келген. Бүгүн өкмөт бул тармак кейиштүү абалда экенин айтып, бааларды кымбаттатууда. Алынган кредиттер деги кайда жумшалган?

Жарандык коомчулуктун өкүлдөрү өздөрүнчө аудит жүргүзүшүп, үч жыл мурда эле электр тармагына келген кредиттердин өлчөмүн, кайдан келгендигин аныктап чыгышкан. Бирок ал каражаттардын кандайча коротулганы, электр тармагын жакшыртуу үчүн эмнелер жасалганы тууралуу суроолорго ушу күнгө чейин так жооп алынбай келет.

“Таза Табигат” уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева да ошол эсептөөлөргө катышкан. Ага ылайык Кыргызстанга энергетика тармагын өнүктүрүүгө жалпы 350 миллион доллардан ашуун каражат келген. Укук коргоочулар ошондой эле 93 миллион доллардай каражат бир гана Бишкек жылуулук борборуна жумшалганын айтышууда. Анын айтымында, ошол каражаттардын кандайча колдонулгандыгы тууралуу суроолорго А.Акаевдин учурунан бери эле энергетика тармагын башкарып келаткан азыркы чиновниктер алгылыктуу жооп бербей келатышат:

- Ошол келген акчалардын бардыгы ремонтко, жогорку чыңалуудагы өткөргүчтөргө, ТЭЦтин трубиналарына, дегеле электр тармагын жаңыртууга келген болчу. Ошондой деп жазылып турат документтерде. Ал эми азыр болсо өкмөт айтып атпайбы, “акча жок, баары эскирди, сынды, талкаланды” депчи. Ошол чоң кредиттерди алгандардан Аскар Акаев гана качып кетти. А калгандары бүт отурат. Ошол эле И.Давыдов, Ю.Данилов, С.Балкыбеков, Б.Сартказиевдер мына отурушат. Эч ким жылган жок, иштеп атышат. Ушулардын баарынын тең тиешеси бар кредиттерге. Так ушулар элге жооп берсин, кредиттерди кайда жоготушту..?

Энергетика тармагы боюнча адис Базарбай Мамбетовдун айтымында, 1994-2004-жылдар арасында эле Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарынан энергетика тармагын өнүктүрүүгө 210 миллион доллардай каражат алууга макулдашкан. Каржы министрлиги аркылуу ошол сумманын 160 миллиону алынып, энергетика тармагына берилген:

- 2004 жылга чейин эле эл аралык каржы уюмдар 216 миллион долларга макул болушкан экен, энерго секторгочу. Ошонун 160 миллион долларын беришкен экен. Анан калганын берилбептир. “Силер максатсыз колдонуп атасыңар, коррупцияга айланып кетти” деп бербей койсо керек да менин оюмча. Анткени алар да өздөрүнүн берген акчаларын көзөмөлдөшкөн да.

Андан тышкары Б.Мамбетовдун айтымында, эми бул тармакка канча каражат бөлүнсө да майнап чыкпайт. Каражаттар кумга сиңген суудай жоголо берет. Анткени негизги маселе, тармактын туура эмес башкарылышында жатат.

Социал демократтар фракциясынын энергетикага байланыштуу отурумунда, Энергетика министри Ильяз Давыдов чындап эле энергетика тармагына миллиондого кредиттер келгендигин, ал каражаттар энергетика тармагындагы эскирген техникалык каражаттарды, жабдыктарды оңдоого, жаңы энергетикалык курулуштарга кеткенин айткан. Бирок энергетик Базарбай Мамбетовдун пикиринде, эмнегедир мындай чоң суммадагы каражаттын чындап эле энергетика тармагына жумшалганына ишенүү кыйын болуп турат. Анткени ошол ири суммадагы каражатка көзгө көрүнө тургандай бир иш жасалган эмес.
Ошол чоң кредиттерди алгандардан Аскар Акаев гана качып кетти. А калгандары бүт отурат. Ошол эле И.Давыдов, Ю.Данилов, С.Балкыбеков, Б.Сартказиевдер мына отурушат. Анара Дауталиева

Дагы бир белгилүү энергетик Николай Кравцовдун эсеби боюнча, 2008-жылга чейин энергетика тармагына келген кредиттердин суммасы 392 миллион долларды түзгөн. Муну Энергетика министрлигинин төбөлдөрү деле тар чөйрөдөгү жыйындарда айта калып жүрүшөт:

- Энергетика министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетовдун айтымында, энергетика тармагына 2008-жылга чейин 392 миллион доллар келген экен. Муну ал ушул жазда айткан болчу. Бул абдан чоң сумма.

Ошентсе да энергетика тармагын башкаргандар бул тармактагы бүтүндөй техникалык каражаттар жедеп эскирип, колдонуудан чыккана калганын айтышууда. Кыязы аталган миллиондор абдан эле аздык кылган окшойт.

Энергетика министринин орун басары Акылбек Түмөнбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, так сумманы айпаса да буга чейин энергетика тармагына миллиондогон каражаттар келгенин, алар максаттуу эле жумшалганын айтты:

- Мобу айтылып аткан кредиттер кайда кетти...? Алар ТЭЦтин он биринчи трубо генераторун койгонго кетти. Таластагы 500 кило вольттук подстанцияны курганга кетти. Тиги Кумтөрдү электр менен камсыз кылыш үчүн Балыкчыдагы 220лык подстанциясын курдук. Тамгага чейин 220 кило вольттук өткөргүч зымдарды алып бардык. Антпесе биз мунун бардыгын тарифтердин эсебинен жасай албайбыз да.

Социал-демократтар фракциясы да 18 жыл аралыгында энергетика тармагына 350 миллион доллардан ашуун чет элдик кредиттер келгенин айтып, мындай ири суммадагы каражаттарды талап кеткендер жоопко тартылышы керектигин айтып чыгышты. Жарандык коомдун өкүлдөрү болсо учурда бүтүндөй энергетика системасы 400 миллион долларга жетпеген суммага бааланып атканын, бул – 18 жыл аралыгында алынган кредиттердин суммасына барабар экендигин айтышып, аз суммадагы кредиттерден баш тартуу керектигин айтышууда. Анткени аз-аздап келген каражаттардын бат эле дайны чыкпай кетүүдө.

Жарандык коомчулуктын ырасташынча, эми тармак жеке колго өтө турган болсо, мурдагы келген кредиттердин дарегин табуу дагы кыйындамакчы. Эскерте кетсек, бул тармакты сатуу максатында жакында эле электрге болгон баалар эки эсе, жылуулук энергиясына баалар 5-10 эсеге чейин көтөрүлгөн.

“Жыл жаңырыгы”

Ушул жумада улуттук филармонияда жылдын мыкты ырчыларынын башын кошкон чоң программадагы концерт өтөт.

Анда соңку учурда эл аралык сынактарга чыгып, жакшы ийгиликтерге жетишкен, ошондой эле "эмгек сиңирген" жана "эл артисттери" катышат. Кече сыйлык тапшыруу аземи менен коштолот. Концерттин уюштуруучусу Сагын Ниязалиеванын айтуусунда бул алгачкы ирет уюштурулуп жаткан долбоор болгону менен чет элдик шоу бизнести туураган жактары да бар. Негизги максат күйөрмандарды кызыктыруу:

-Ырчылар кымбат чет элдик автоунаалар менен келип түшүп, кызыл килемде өтүшөт. Ошол жерден күйөрмандарына кол тамгаларды берип, массалык маалымат өкүлдөрү менен баарлашышат.

Ал эми концерттин катышуучулары чет жерлерде өткөн эл аралык фестивалдарга катышып, байгелүү орундарды жеңип алган эстрада чеберлери жана элибизге эмгеги сиңген ырчылар. Алардын катарында Америкага барып жеңишке жетишкен Нурайым Азыкбаева, "18 жаш" аттуу ыры менен америкалык угармандарды таң калтырган Жанета Бобкова, Ома, Нена деген ырчылар.

Ошондой эле эл артистери Каныкей Эралиева, Роза Аманова, Гүлнур Сатылганова эмгек сиңирген артисттер Алтынай Нарбаева, Ырыскелди Осмонкулов жана башка он бештен ашуун өнөрпоздор. “Бул жыл көпчүлүк көркөм өнөр адамдарындай эле мен үчүн да өзгөчө жемиштүү жыл болду, себеби эмгегим бааланып, "Эл артисти" деген наамга татыктуу болдум”- деп билдирет Кыргыз эл артисти Роза Аманова:

-Жүрөк кубана турган окуя болду. Кыргыздарда өнөрдүн өрөөнүндө өрдү көздөй деп айтылгандай, ошол өнөрдүн өрөөнүндө келгенден бери канчалаган устаттардын тарбиясын алып, көп нерсени үйрөндүм десем болот. Эми алдыда дагы үйрөнө элек нерселерим көп, андыктан келе жаткан жыл дагы акжолтой жыл болсо экен деп тилейм.

Ал эми концерттин катышуучулары өздөрү каалаган чыгармасын эмес, уюштуруучулар тандаган, башкача айтканда угармандардын сүймөнчүлүгүнө татыган композицияларын аткарышат. Кеченин жүрүшүндө ошондой эле ырчыларга сыйлыктар, белектер ыйгарылат. Сагын Ниязалиева кабарлагандай, ал сыйлыктарды элибиздин аттту-баштуу адамдары келип тапшырышат.

“Жыл жаңыргы деп аталган бул концерт жекшемби күнү улуттук филармонияда өтөт. Жогоруда айтылгандай, күйөрмандардын бул күнү өнөрпоздор менен сүрөткө түшүп, кол тамгаларды алганга мүмкүнчүлүктөрү болот. Кече саат он тогузда башталат.

Көз жөнүндө сөз

Өлкөбүздүн ички жана сырткы турмушу бүгүн жарык көргөн гезиттердин башкы темасына айланды.

“Кыргыз Туусу” гезити Кыргыз Республикасынын баатыры, академик Мамбет Мамакеевдин “Балдар жөнүндө ачык сөз же көз жөнүндө” деген макаласын элге сунуш кылды. Академик макаласын: “Жакында аны телевидениеден биринчи жолу даана көрдүм. Ошондон баштап менин оюм толугу менен өзгөрдү. Биринчиден ал ушунчалык көрктүү бала экен, боюнун, колу-бутунун, өңүнүн түзүлүшү абдан жакты. Айрыкча мага көзү аябай жакты” деп баштап, көз жөнүндөгү макаласын андан ары минтип улантат: "Мен аны энеси орус, атасы кыргыз, кой көз болуш керек десем Максимдин көзү көк дагы, кара дагы эмес, көк менен каранын ортосунан чыккан башка түрдөгү көз экен. Көзүн ирмебей, тик, таамай карайт. Максим менен Канатигиме окшош, акылдуу, ишмер, өңдүү-түстүү бала экен. Биринчи көргөндө эле мага жагып калды. Максим кийин менин сөзүмдү эстеп, Мамбет агай менин көзүмө карап эле мага чоң ишенич, үмүт аркалады эле, жаңылбаптыр деп койсо эле болду”, - деген аруу тилек менен аяктаган.

Гезит ошону менен бирге эле президент К. Бакиевдин 26-жана 27-ноябрда Минск шаарында өткөн КМШ саммитине ЕвраАзЭШтин мамлекет башчылары катышкан жыйынга барып келгенин баяндаган макалага орун берген. Гезит кабарчысы менен маек курган отставкадагы подполковник, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Качкын Саргазаков ушу тапта Кыргызстан боюнча 3270ке жакын согуш ардагери аман-эсен жашап турушканын, алардын эң жашы 83кө келгенин кабарлаган.

Энергетика көйгөйү тууралуу кеп козгогон Бишкек тургуну, инженер-электрик Бурулбүбү Жумалиеванын каты жарыяланды. Адис менчиктештирүү кирери менен мурда бир эле тармак болуп келген “Кыргызэнерго” сан-санга бөлүнгөнүн, башын энергия чыгарчу булак, төшүн улуттук электр тармагы деп түзүп, “Түндүкэлектро”, “Чыгышэлектро” атап, колун-бутун бөлүштүргүч ишканаларга айлантып, акыры 7 баштуу энергетиканы “ойлоп” табышканын кейиш менен кеп кылган. Өчүргүчтөр беш жолу өчүп күйгөндөн кийин ал керектен чыгарын унутуп калышканын ачыкка чыгарган. Адистин байкашында, мурда бир киши иштеген жерде азыр миң киши иштейт. Өлкө башчылары бул тармактын көп нерселерин билишпейт. Ошондуктан 7 башты чаап салып, бир башка айландыруу керек, анын үстүнө жети жакты караган 7 баштуу тармакты эч ким сатып да алалбайт.

Журналист Мырзакат Тыналиевдин макаласы да “Баалардын көтөрүлүшү. Сандардын чатагы...” деп аталып, тарифтерди көтөрүү саясатын сынга алган. Автор кымбаттатуунун демилгечиси болгон Данияр Үсөнов шаар башчысы болору менен “Бактылуу лотерея” дегенди киргизип, шаар казнасына 70 млн. сом чыгым келтиргенин, кийин бул лотереялар Кытайдан жасалып, контробандалык жол менен алынып келингендигинин бети ачылып, бул боюнча финансы полициясы тарабынан кылмыш иши козголгонун дагы бир жолу окурмандардын эсине салган. Тарифтерди көтөрүүнүн калк үчүн ынанымдуу болбой жаткан жактарын талдоого алган.

“Эл сөзү” гезитинин кабарчысы Гүлмира Шаршеева “Конуш кайгысы” деген рубрика алдында Бишкектин таштанды төккөн жайындагы “Алтын-Казык” аталган жаңы конуш жагдайына назар салып, айыл башчысы Осмон мырза менен маек курган. Таштанды төгүлгөн жайга там салуу жокчулук менен аргасыздыктын айынан болгонун белгилеген айыл башчысы ал жердеги 4 көйгөйгө токтолгон.

Биринчиден, жаңы конуш Бишкектин таштанды төгүлүүчү жеринен орун алган. Экинчиден, бул аймакка күйдүргү менен өлгөн малдын сөөгү көмүлгөн. Үчүнчүдөн, ал жердин асты менен газ түтүгү өтөт. Төртүнчүдөн, ал жерде мусулман көрүстөнү бар. Айыл башчысынын айтуусунда таштанды төгүлчү жай 76-жылы 20 жылдык мөөнөт менен ачылган. Демек таштандыны жабуу мөөнөтү бүткөнүнө 13 жыл болду. Айыл айыл болгондон бери 3 кышты жарыксыз, суусуз тосуп, бул турмушту быйыл да ушунтип өткөрүүдө. Бишкек мэри Н. Түлеев айыл тургундарына кызыл китепче жыл аягына чейин берилерин убада кылган. Эгер кызыл китеп колго тийип калса, жашоочулар жапырт таштандынын үстүнө 30-40 сантиметр топурак таштап, көчөт тиге баштайт элек деген тилектери бар экенин да маалымдаган.

Журналист Баратбай Аракеевдин билим дүйнөсүн талдоого алган: “Ата, атка така какпа, коррупция кагыбатат” аттуу макаласында, азыр студенттерден гана эмес окуучулардан да акча өндүрүү фактылары кездешерин, мектептерде байлардын балдарына бааны көтөрүп коюу, ошонун аркасы менен алардан бирдеме өндүрүп алуу кадимкидей көрүнүшкө айланганын, жогорку окуу жайлары небак былгып бүткөнүн, ансыз да жакыр кыргызды сай ташындай жайнаган сапатсыз окуу жайлары менен чет элдик чириген машиналар жылаңачтап жатканына жаны кашайган.

“Арт kg” гезитине маек курган акжолчу депутат Роза Абдраимова кыргыз тили жөнүндө ойлорун ортого салып, эне тилди орто жана кичүү муундагылар унутуп, орусташып баратканына токтолуп, буга карата тил мыйзамын ишке киргизүү демилгесин парламентте бир топ депутаттар көтөрүп жатканын сөз кылган. Гезиттин негизги макалалары ырчылардын жашоо-турмушуна арналган. Кыргыз эл артисти Юрий Бобков тууралуу замандаштарынын ойлору басылган.

“Назар” гезитинин суроолоруна жооп берген “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын оппозициялык күчтөрү өкмөттүн кирешелүү, стратегиялык маанидеги энергетикалык ишканаларын жеке колго сатуу чечимин айыптап жатышканын, аны сатуунун ордуна бул тармакты жаңыча башкарууга өткөрмөйүн энергетикалык туңгуюктан чыгууга мүмкүн эместигин айтып чыкты.

“Бүгүнкү күндөгү жүрөк үшүн алган көйгөйлөрдүн бири экстремчилдик, террорчулук, диний ашынуучулук. Бул өзгөчө Азия аймактарын кара тумоодой каптап келет. Ооганстан, Пакистан өңдүү шору каткан азиялык өлкөлөр дал ошол ислам терисин жамынган шылуундардын айынан жүдөп келет” деп белгилеген макала автору Эрнест Абдрахманов Кыргызстанда 30дан ашуун мусулман уюму бар экенин, алардын эң активдүүлөрүнүн бири “Аль-Вакф Аль-Исламий” деп аталган уюм болорун, анын Кыргызстандагы башчылары Ө.Чотонов, А. Нарматов, М. Магомедов деген жарандар экенин, бул уюм экстремчилдердин символу болгон айтылуу Аль-Каиданын бир бутагы болорун жазды.


1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү

Кыргызстанда ВИЧ илдети менен 1-ноябрга эки миң алты жүздөн ашык адам катталды. Алардын эң көбү Чүйдө катталып, 640ка жеткени, эң азы - Нарында 5 адам бар экени кабарланды.

Мындан 9 жыл мурда ийне аркылуу бул дартты жугузуп алган 33 жаштагы ВИЧтин инфекциясын алып жүргөн Нурлан Шанкоров Кыргызстандагы ВИЧ оорулууларга өкмөт тарабынан эч кандай жардам жоктугун белгиледи. Анын пикиринде, вирустун андан ары көбөйүшүн токтото турган кымбат дарыларга баарынын эле коло жете бербейт:

- Мамлекет аркылуу бизге эч кандай каражат бөлүнбөйт. Биз өзүбүз интернет аркылуу чет өлкөлүк уюмдарга чыгабыз, же болбосо Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк донор уюмдар жардам көрсөтөт: “СПИД фонд: восток-запад”, “Глобалдык фонд: ВИЧ менен жашаган кишилерге” жана “Социум” коомдук фонддору. Негизинен бизди ошол эл аралык уюмдар колдойт.

Ысык-Көл аймагында ВИЧке кабылгандар быйыл 31 кишиге жетти жана булардын 70 пайызы жыныстык жол менен жугузуп алгандар. Калгандары – ата-энеси аркылуу ооруга чалдыккан балдар. Негизинен бул ооруп калгандар Ысык-Көл районунан - Чолпон -Атадан. Аймактын СПИДге каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Шаршекан Огоеванын пикиринде, өзгөчө курорттук жайларда, көлдө жайкы эс алуу маалында – СПИДдин алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү күчөтүү керек:

- Илдетке кабылгандардын балдардан башкаларынын жаш курагы 25 тен 40 жашка чейинкилер. Көпчүлүгү эркектер. Эгер башка аймактарда кан аркылуу жуккан жолдору көп болсо, бизде жыныстык жол менен берилүү көп болуп эсептелет. Муну биз курорттук зона менен байланыштырабыз. Себеби ошол 31 адамдын көбү Ысык-Көл районунда, так ошол Чолпон-Атада катталган.

2006-жылы Ноокат райондук ооруканасында медициналык кызматкерлердин кетирген калпыстыгынан улам соо адамдарга жугуп, алгач 3 аялдан жана 2 баладан ВИЧ илдетинин вирусу чыккан болчу. Андан бери бул иш боюнча башталган сот иштери аягына чыга элек.

Бишкектеги СПИД борборунун директорунун орунбасары Айгүл Исмаилованын “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, Ноокат ооруканасындагы окуядан берки тестирлөөлөрдө аталган аймакта 100дөн ашык баладан ВИЧтин вирусу табылган. Тестирлөө дале уланууда:

- Бүгүнкү күндө Ош аймагында катталган балдардын негизинен баары – ошол Ноокат окуясына байланышкан. Тестирлөөнүн негизинде бүгүнкү күнгө чейин биз бул дартты 100дөн ашык баладан аныктадык. Эми бул иштин аягына чыгыш үчүн Ош аймагындагы ооруканаларга жаткан балдардын баарын тестирлөөдөн өткөрүп жатабыз.

Кыргызстанда ВИЧ илдети менен 1-ноябрга карата эки миң алты жүздөн ашык адам катталды. Бүгүн Бишкекте жана аймак борборлорунда СПИДге каршы күрөшүү күнүндө - “Адам укугу жана укук баарына жеткиликтүү” деген чакырык менен акциялар өтөт:

- Күн бою кечке чейин “Арт-караван” жүргүзүлөт Бишкекте. Көбүнчө эл көп болгон жерлерде, жаштар көп жүргөн жайларда элге ВИЧ/СПИД тууралу маалымат берүү максатында машиналар кое берилет. Ал эми саат 13тө Бишкектеги “Сейтек” борборунда атайын жаштарга арналган акция өтөт. СПИД илдети жаштардын арасында көп учурап жаткандыктан, андан ары мындай акциялар бүгүн жана эртең Медициналык жана Юридикалык академияларда да уюштурулат.

Тасмада: "Азаттык+": СПИДге каршы бирге күрөшөлү!

1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул күнгө карата "Азаттык+" жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы СПИД көйгөйүнө арналды. ZMa, SA, MiT.

"Азаттык+": СПИДге каршы бирге күрөшөлү!
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:51 0:00

Ажылык негизги зыяраттар аягына чыкты

30-ноябрь күнү ажылык негизги зыяраттар аягына чыкты. Медина шаары аркылуу Мекеге баргандар Кыргызстанга кайтуу камылгасын көрүшөт. Ал эми Мединага бара электер ошол жакка сапар улашат.

Адегенде Мекеден Абы уулу Давидбек менен телефон-маек курдук:

- Давидбек-ажы, мына бүгүн 30-ноябрь, саат 22ден өтүп калды Бишкекте. А сиздер кайсы жерде эмне иштерди жасап жатасыздар? Жалпы баарыңыздарды “ажы” деп атай берсек болобу?

- Бүгүн ажылык негизги зыяраттар бүтүрүлдү. Шарияттын негизинде ажылардын акыркылары Минадан бүгүн кайтып келишти Мекеге. Саударабиясында – Мекеде ажылык сапарда жүргөндөрдү, тактай кетели, Арафат тоосуна арапа күнү чыккандарды бүгүндөн баштап “ажы” деп атай берсек болот. Шарият жол берет ага.

- Сиздерди жалпы куттуктайбыз. Ал эми мындан аркы программаңыздар кандай болот?

- Ар бир топтун өзүнө жараша программасы бар. Мисалы, биз Мекеде дагы 5 күнгө жакын турабыз да, Мединага сапар алабыз. Ажылар пайгамбардын кабыры турган жерге, Пайгамбардын мечитине зыярат кылбаса болбойт. Дагы башка да барчу жайлар арбын. Айрым топтор келатканда Медина аркылуу келишкен. Алар эс алгандан кийин дароо Кыргызстанга сапар алышат.

- Ошол Мекенин өзүндөгү ыйык тоолорго, Мухаммед пайгамбар жүргөн чөлкөмдөргө да кошумча сапар жасалчу эмес беле?

- Быйыл зыяратчылар учак менен эртерээк келишкендиктен көпчүлүгү андай нерселерди ажылык негизги ибадаттар баштала электе эле бүтүрүп коюшкан.

- Давидбек-ажы, кыргызстандык ажылар аман-эсенби? Башында бир киши көз жумду эле...

- Тынч калганы. Быйыл салкын болгондуктан жылдагыдай катуу ооругандар, кыйналгандар деле жокко эсе. Анын үстүнө быйыл учак менен эртерээк келгендиктен, бул жактын аба-ырайына кыйла көнүшүп калышты кыргызстандыктар.

Андан кийинки телефон-маегибиз ажы башчы Нурланбек Масылбаев менен уланды:

Нурланбек-ажы, ооруп-сыркагандар чын эле азбы быйыл?

- Биз тигил жактан – Кыргызстандан чыгаарда тумоолорго каршы эмделгенбиз да. Ошон үчүн го, сасык тумоо менен ооругандар бирин-экин эле. Бирдаарынын тамагы ооруп жүрөт – ал муздак суу ичкендиктен.

- Чочко тумоосунан Саударабстанда айрым зыяратчылар көз жумду деген маалыматтар чыгып атат. Албетте, алар таптакыр башка жактыктар экен. Кыргызстандыктарга коркунуч жокпу?

- Коркунуч деле жок. Чынын айтсам, аны ойлогон деле эчким жок. Өз табынуу-сыйынуулары менен алек.

Кошумчалай кетерибиз, кыргызстандык ажыларды Саударабстандан Кыргызстанга апкеле турган алгачкы авиакаттам 2-декабрда сапар алып, Кыргызстанга 3-декабрь күнү конот.

Дүйнөдө ВИЧ/СПИДге чалдыккандар азаюуда

СПИДге каршы күрөшүүнүн символу болгон кызыл тасма Ак Үйгө илинди, Вашингтон, 30-ноябрь, 2009-жыл

1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүү күнүн утурлай Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен БУУнун СПИД агенттиги жаңы сунуштарын жана келээрки жылга прогноздорун жарыялады.

Адистер дүйнө жүзүндө бул дартка чалдыккан адамдардын саны соңку 8 жыл ичинде азайса, Чыгыш Европа жана Борбор Азия аймактарында, тескерисинче, көбөйүп жатканын белгилешүүдө. Кыргызстанда, акыркы маалыматтарга ылайык, ВИЧ/СПИДди жуктуруп алгандардын арасында аялдар өзгөчө көп болууда.

Улуттар уюмунун маалыматына караганда, ВИЧ инфекциясына чалдыккан адамдардын саны ушу тапта 33,4 миллондой кишиге жетет. Былтыр вирусту 2,7 миллион киши жуктуруп алган. Дарыгерлер соңку 8 жыл ичинде ВИЧке чалдыккандардын саны 17 пайызга азайганын оң жышаан катары баалашууда. 2001-жылы ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү Декларациясына кол коюлгандан бери Африкада жаңы инфекцияланган адамдардын саны 15 пайызга төмөндөгөн. Чыгыш Азияда бул сан 25 пайызды, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азияда – 10 пайызды түзөт. Чыгыш Европада вирусту жуктуруп алгандарды саны негизинен ийне колдонгон баңгилердин эсебинен өсүп келди.

БУУнун СПИД агенттигинин аткаруучу директору Майкл Сидибэ белгилегендей, ооруулулардын азайганы кайсы бир деңгээлде илдетти алдын алуу чараларынын ийгилигин далилдейт. Ошол эле маалда көбүрөөк каражат тартып, жаңы долбоорлор ишке ашырылса, тез прогресске, көп сандагы адамдардын өмүрүн сактап калууга жетишсе болот.

Алсак, Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө ВИЧке чалдыккандардын 80 пайызы дарыгерлердин көзөмөлүнө алынып, дарылоо курсунан өтүшүүдө. СПИДден көз жумгандардын саны акыркы 5 жыл ичинде ал жерде 50 пайызга төмөндөдү, натыйжада жетим калган балдардын саны да азаюуда.

Адистер ВИЧтен дарылоону саламаттыкты сактоо жана башка социалдык долбоорлорго камтуу керек, комплекстүү иш-чаралардын киригизилиши натыйжалуу болмокчу деп белгилешет.

Дагы бир сунушка ылайык, калкка ВИЧке анализ тапшыруунун, дарттын белгилери пайда боло электе эле ал тууралуу маалымат алуунун зарылдыгын түшүндүрүү керек.

Баяндамада ВИЧ/СПИДге чалдыккандардын саны Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндө өсүп жатканы айтылат. 2008-жылы бул аймактарда 110 миңдин айланасындагы адам вирусту жугузуп алган. Ошону менен ВИЧ менен ооругандардын саны ал өлкөлөрдө 1 жарым миллион кишиге жетти. Салыштыра кетсек, 2001-жылы бул сан 900 миң кишинин тегерегинде болчу. Илдет өзгөчө Россия жана Украинада тез жайылууда. Мурда ал негизинен ийне колдонгон баңгилер арасында көп жолукса, азыр жыныстык жол менен жугузуп алуу, бейтапканаларда таза эмес ийне менен жуктуруу учурлары көбөйдү. Эстесек, 2006-жылы Казакстандын Чимкент шаарында балдарга ооруканаларда ВИЧти жугуздуруу фактысы катталып, күнөлүүлоөр сот жообуна тартылган.

Учурда вирустун энеден балага өтүшү эпидемиянын жайылышында анча чоң роль ойнобогону менен, дарыгерлер бара-бара ВИЧти энесинен жуктуруп алган ымыркайлардын саны өсүшү мүмкүн деп болжошот.

Бишкекте апта соңунда СПИДди алдын алуу маселелерин талкуулаган конференцияда дарт өзгөчө аялдар арасында көп тараганы белгиленди. Атап айтканда, алардын саны 34 пайызга жетти. СПИД борборунун жетекчиси Айгүл Исмаилованын "Азаттыкка" берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда кош бойлуу аялдар өзгөчө көзөмөлгө алынат:

- Бардык кош бойлуу аялдар текшерүүдөн өтүш керек. Алар учетко турган кезде тестирлөөдөн өтүшөт. Төрөт үйүнө түшкөндөн кийин да сөзсүз түрдө дагы бир жолу текшерилет. Энеден балага жугууну алдын алуу иштери азыркы күнү туура жолго коюлган.

Тасмада: СПИД: Тооруган дарттын торунда

"Азаттык+" жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы 1-декабрь - СПИДге каршы күрөш күнүнө арналды. "Тооруган дарттын торунда" деп аталган берүүдөн үзүндү сунуш кылабыз. ZMa, SA, MiT.

СПИД: Тооруган дарттын торунда
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00

Мектепте акча жыйноонун анатомиясы

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин комиссиясы эл ичинен арыз-даттануулар көп болгон мектептерди текшерип, ата-энелерден каражат тартуу жана пайдаланууда көптөгөн мыйзам бузуулар орун алып жатканына күбө болду.

Шайлоочулардан түшкөн көптөгөн арыз-даттануулардан кийин Жогорку Кеңештин чечими менен түзүлгөн комиссия жалпы билим берүүчү мектептерде окуу-тарбия иштеринин деңгээлин жана каржылык-чарбалык ишмердигин текшерип чыкты. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча парламенттик угуулар өткөрүлүп, орун алган оош-кыйыштар жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралар көрүлөт.

Текшерүүгө түздөн түз катышкан депутат Гүлжамал Султаналиеванын айтымында, мектептердин каржылык-чарбалык ишмердигинде мыйзам бузулган фактылар көп экенин көрсөттү. Бул биринчи иретте ата-энелерден акча чогултуу жана пайдаланууда аша чапкан көрүнүштөр жөнүндө болуп жатат. Ата-энелерден акча чогултуу жана аны каалагандай калчап пайдалануу шаар жеринде эле эмес, бардык мектептерге мүнөздүү көрүнүш болуп калган:

- Акча чогултуу фактылары Бишкек шаарында эле эмес, Ош шаарында жана райондордо орун алууда. Айрыкча, Бишкектен сырткаркы мектептерде акча чогултуу одоно мыйзам бузуулар менен болуп жатат. Акча махинациясын жасаганда жок дегенде документтерди тууралап коюшат го, ошол кагаздарды да туураланбай, мыйзам бузуулар болуп жатканына күбө болдук,-деди Гулжамал Султаналиева.

Өкмөт окуу китептеринин акысына жана мектептердин ремонтуна ата-энелерден акча жыйноону токтотуу боюнча чечим алганына эки жыл болуп калды. Окуу китептерин чыгарууга жана мектептерди оңдоп түздөө иштерине эки жылдан бери каражат мамлекет казынасынан бөлүнүүдө.

Эгемендик жылдарынан тартып 2006-жылга чейин окуу китептердин акысына жана мектептерди оңдоп түздөө ата-энелердин мойнунда болуп келген. Бирок Өкмөт чечиминен кийин деле мектептерде акча жыйноо көрүнүштөрү токтогон жок. Буга мектеп директорлорунун өзүнүн жообу бар.

Бишкектеги №79 мектептин директору Жайнагүл Сапалованын айтымында, мамлекеттик каржылоо каат болуп жаткан шартта ата-энелердин каржылык колдоосу болмоюнча мектептерде окуу-тарбия ишин талаптагыдай жолго коюу кыйын:

- Мектептерде ата-энелердин жардамысыз мектепти кармап туруу өтө кыйын. Өкмөт мектепке жетишерлик деңгээлде жардам бере албайт. Эгерде ата-энелер жардам бербесе, биз коңшу мамлекеттерден бир канча жыл артта калабыз. Анткени сапаттуу сабак бериш үчүн техникалык окуу каражаттары зарыл. Азыркы убакта биз сыяктуу жөнөкөй мектептерде бир эле компьютердик класс болбосо, башка сабактар үчүн мындай каражаттар түшүбүзгө да кире элек. Акчаны көп чогултуп аткан мектептер ушуга жетишип калышты. А биз сыяктуу жөнөкөй мектептерге жөн гана компьютерлерди оңдош үчүн, суу түтүктөрүн, чорголорду оңдош үчүн, жада калса бор сатып алыш үчүн жардам керек. Мамлекет бөлүп жаткан бор жетишпейт.

Бир эле Бишкектин өзүндө жүзгө чукул мектеп бар. Алар ата-энелерден чогулткан каражат жылына жүз миллион деген сан айтылып келатат. Жакында бир жыйында Бишкектин мэри Нариман Түлеев мына ушул каражатты шаардын казынасынан таап берерин билдирип, элден акча чогултууну токтотуу сунушу менен кайрылганда мектеп директорлору каршы болушкан экен. Алардын жүйөөсүндө, ата-энелерден чогултуп жаткан каражат эң минималдуу гана өлчөмдө жана мектептердин жыртык-тешигин бүтөгөнгө жүз миллион сом баары бир жетпейт экен.

Байкоочулар баамында, бул фактынын өзү көп мектептерде акча чогултуу директорлордун жеке кызыкчылыгы менен байланышкан иш экенин көрсөтүп турат. Ишенимдүү булактан алынган алынган маалымат боюнча шаар мектептеринде ата-энелерден чогулган каражаттын көлөмү жылына 700 миллион сомго жетет экен. Кеп бул акчанын канчасы түздөн-түз окуу-тарбия ишине жумшалып жатканында.

Саясий буюртма санаасы: сот өкүмү чыга элек

Генерал И.Исаковдун соту бир жылга жакын созулду

Кыргызстандын аскердик прокуратурасы мурунку коргоо министри Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен, аскердик наамынан ажыратып, дүйнө-мүлкүн тартып алууну, мындан тышкары 100 миң сом айыппул өндүрүп алууну суранды.

И.Исаков өзүнө коюлган айыптарды саясий буюртма деп эсептерин билдирүүдө.

Соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу Кыргызстандын аскердик прокуратурасы мурунку коргоо министри Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен ажыратып, генералдык аскер белгисин тартып алууну, буга кошуп үй-мүлкүн мамлекет ээлигине өткөрүп, 100 миң сом айыппул салууну өтүндү. Аны менен бирге айыпталынып жаткан Балыкчыдагы № 2636 аскердик бөлүктүн аскердик техникалар боюнча зардалдын орунбасары Нурдин Каимовго 13 жыл, ал эми коргоо министрлигинин курал-жарактар боюнча башкармалыктын жетекчиси Таалай Сатыбалдиевди бир жылга шарттуу кесүүнү суранды. И.Исаковдун өзү бул ишти азыркы бийликтин саясий буюртмасы деп эсептейт.

- Эми көпчүлүк, коомчулук ошол материалдарды окубайт. Гезиттерге атайын чыгарттырбайт. Жаздырбайт. Мына ошонун негизинде булардын айтканы чын экенин түшүнсүн деген ой менен булар ошого басым жасап жатышпайбы.

Аскердик прокуратура И.Исаков коргоо министрлигиндеги 5 квартиранын бирөөн уулу Русланга бердирип ийгендиги үчүн айып коюуда. Талаштуу үйдүн чоо-жайын И.Исаковдун актоочу Азимбек Бекназаров мындайча чечмелейт. Анын айтуусунда, 2005-жылдын 22-мартында коргоо министрлиги менен “Бишкеккурулуш” акционердик коомунун ортосунда келишим түзүлгөн.

- Жанагы ашкананын, мылтык атчу жердин ордуна 4 миллион сом алабыз, деп келишим түзүшөт. Анан революция болуп кетип, жанагы 4 миллион да ачык калып, Э.Топоев качып кетет. Андан кийин 15-апрелде, 2005-жылы булар кайра келишим түзүшөт да, 4 миллиондун ордуна 5 квартира жана 1 миллион сом бересиңер дейт.

И.Исаковго өкмөт токтомун бузуп, ашкана менен мылтык атуучу жердин ордуна министрликке үйлөрдү алып берди айыбынын чоо-жайы ушундай. Кыргызстандын аскердик прокурорунун орунбасары Тимур Карабаев соттук териштирүүдө ырасталбаган айыптоолор эсепке алынбаганын айтты.

- Мамлекеттик айыптоо айыпты эки эпизод боюнча гана колдоду. Бизде күмөн жараткан айыптоолорду четке кактык. Калгандарында биз айыптоону колдодук.

И.Исаковго кызматына шалакы мамиле кылгандыгы, кызматынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн деп айып коюлууда. Анын коомдук жактоочусу Топчубек Тургуналиев соттук өкүмдүн тизгини бийлик башындагыларга барып такаларын отурумдагы сөзүндө атайын белгиледи.

- Ал тарап Акүйдө олтурат. Ал тараптын башы К.Бакиевден башталат. Себеби дегенде бул өзү саясий куугунтук. Саясий тапшырма.

И.Исаковго коюлган айыптоолор боюнча Бишкек гарнизондук соту кандай өкүм чыгарышы азырынча белгисиз. Анын жактоочусу Азимбек Бекназароов сот мамлекеттик айыптоого негизденип өкүмүн чыгарышы мүмкүн деп эсептейт.

- Мүмкүн, бу сапар да биз утуларбыз. Мүмкүн бу сапар бу киши силер айткан 8 жыл албаса да 5 жыл алат. А бирок тарых өзүнүн баасын берет. Мына, Ф.Кулов алды. Мына Топчуке 28 жыл алган. Сага окшогон прокурорлор. 28 жыл деп катаал шартта отурган. Бүгүн коомдук жактоочу болуп отурат. Ф.Кулов премьер-министр болуп отурду. Мен ойлойм, тарых кайталанат. Эгерде бул киши соттолуп кете турган болсо тарыхтын, элдин соту баары бир актайт. Эл алдында ак болот. Мен ага ишенем.

Аскер соттон оор жазаны суранып жаткан мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчү көңүлүн чөгөт кылбай, тескерисинче кайратына келтиргенин И.Исаков да ырастады.

- Өзүмдү өйдө сезип, эмнегедир кайра мен артымда эл турат, эгерде бир нерсе болсо, деген күчтүү сезим менен турдум. Мындан өзүмдү эч бир алдырган да жокмун, башкача ой да кеткен жок. Себеби чындык деген чындык. Жасаган ишиңди билесиң. Мыйзамдуу болгондон кийин эмнеге коркосуң?

Т.Тургуналиев А.Акаев тушунда эларалык “Transparency International” уюму тарабынан абийир туткуну деп Кыргызстандан 11 адам таанылса, кийинки эки жылда андайлардын саны 98 кишиге жеткенин маалымдады. А.Бекназаровдун маалымдашынча, талаштуу үй тууралу Бишкек шаардык сотунда чечим чыгып, И.Исаковдун күнөөсү жоктугу ырасталган. Бирок ага карабастан өткөн жылдын башында иш козголуп, генералды айыпка жыгуу аракети бир жылга жакын убактан бери созулуп келатат.

Чочко тумоосу: коркунуч короодон кете элек

Кыргызстанда чочко тумоосуна чалдыккандардын саны 78ге жетти. Алардын отузга жакыны өлкөгө сырттан келгендер.

Чочко тумоосун көзөмөлдөө максатында Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында атайын штаб түзүлгөн. Мына ушул штабда ооруну алдын алуу, дарылоо боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат. Министрликтин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Абдыкадыр Жороевдин айтымында, ушул тапта өлкөдө абал турукташты.

- Бүгүнкү күндө дарылоо мекемелеринде абал жакшы. Дары-дармектер жетиштүү. Оор абалда эч ким жок. 14 кишиден сырткары катталгандардын бардыгы дарыланып чыгып кетишти.

"Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат"

Адистердин айтымында, чочко тумоосуна чалдыккан кишинин денесинин табы 38-39 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Чыйрыгып, жөтөлүп, булчуңдар менен сөөк, муундар ооруйт. Мындай учурда суюктуктан көбүрөөк ичип, вирустарга каршы дары-дармектерди колдонуу зарыл.
Чочко тумоосу иммундук системасы начар адамдар үчүн өтө коркунучтуу болгондуктан, организмди күчтөндүрүү зарыл.


Республикалык клиникалык-инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Нарынбек Айткулиев, эгерде иммундук система жакшы болсо, анда жогорудагы эрежелерди сактап, үй-шартында эле айыгып кетсе боло турганын эскертип келет. Анын айтымында, чочко тумоосунун күчөгөн маалы январь-февраль айлары деп болжолдонууда жана бир ооруган адамда бул илдет кыска мөөнөттүн ичинде кайталанбайт.

- Оорулуулар арасында бир-эки кишинин абалы оорураак болду. Бирок айыгып чыгышты. Бул кайрадан кайталанбайт. Кайталанса да 3-6 жылда болуп, анда жеңил өтөт. Анткени азыркыдан иммунитет калат.

Витамин+Таза аба=Чын ден соолук

Адистер аталган илдет кан-тамыр, өпкөнүн өнөкөт оорулары, кант диабети өңдүү илдеттер менен ооруган, иммундук системасы начар адамдар үчүн өтө коркунучтуу болгондуктан, организмди күчтөндүрүү зарылдыгын белгилеп келишет. Ал үчүн витаминдүү тамактанып, көбүрөөк таза абада болуу керек. Өлкөдөгү эпидемиология департаментинин башкы адиси Динагүл Оторбаеванын айтымында, чочко тумоосун алдын алууда деле кадимки сасык тумоону алдын алган ыкмаларды колдонуу зарыл.

- Эгер ооруп жаткан адамды байкасаңар аны менен бир метр аралыкта туруп сүйлөшүү керек. Үй шартында ооруп калса, ооруканага жаткысы келбесе тегерегиндегилерге да жугузуп албаш үчүн бет кап тагынып жүрүш керек. Алар үйдө дарыланбай, жумуш менен алектенип жүрө берсе, оору күчөп кетиши мүмкүн. Оору үч-беш күндө айыкпай күчөй берсе, сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу керек.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан чочко тумоосуна каршы 500 миң дозадан ашуун вакцина сурап кайрылган. Абдыкадыр Жороевдин айтымында, эмдөө каржаттары декабрдын ортосунда келери күтүлүүдө.
Тумоонун күчөгөн маалы январь-февраль айлары деп болжолдонууда жана бир ооруган адамда бул илдет кыска мөөнөттүн ичинде кайталанбайт.


- Чочко тумоосуна каршы вакциналарды кандай пайдалануу механизмдерди иштеп чыгып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна жөнөткөнбүз. Азыркы тапта элдин тынчсыздануусуна негиз жок.

Кыргызстанда A/H1N1 вирусу алгачкы жолу ушул жылдын август айында катталган. Андан бери ооругандардын саны өсүп, ушул тапта жетимиш сегизге жетти. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан сураган вакцина Кыргызстанга алынып келингенде эмдөө тууралуу коомчулукка кошумча маалымат бериле турганын билдирип жатат.

Тасмада: Чочко тумоосунан чочуган калк

Мурдакы Советтер Союзунун аймагынан тартып Балкан өлкөлөрүнө чейинки мейкиндикти каптаган чочко тумоосу кыргызстандыктарды да бушайман кылды. SA.

Чочко тумоосунан чочуган калк
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:36 0:00

Кыйноолорду кыскартуу камылгасы кандай?

Адам укугун коргоочулар Кыргызстанда жабык мекемелердеги кыйноолор күчөп бара жаткандыгын байма-бай айтып келатышат.

Кыйноолорго каршы конвенцияга өткөн жылы кошулган Кыргызстан “кыйноолорго каршы улуттук превентивдүү механизмдерди” кабыл алууга тийиш.

Буга байланыштуу мыйзам долбоору бүгүн эл аралык, бейөкмөт уюмдардын, күч структураларынын жана өкмөттүн өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууга алынды.

"Кыргызстан – адам укугунун өлкөсү” деген ураан мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда эле киргизилип, бирок иш жүзүндө өзүн актай албаганы айтылып келет. Адам укугун коргоочулар Кыргызстанда жабык мекемелердеги кыйноолор күчөп бара жаткандыгын айтып, доолбас какканы күчөдү. Былтыр 21-февралда Жогорку Кеңеш “Кыйноолорго каршы эл аралык конвенцияны” кабыл алган мыйзамды жактырган.

Конвенцияны кабыл алган соң, анын милдеттерин да аткаруу зарыл, дейт Акыйкатчы Турсунбек Акун:

-Жаза аткаруучу жабык мекемелерде кыйноолор түнкүсүн, дем алыш күндөрү болот. Бул мыйзам кабыл алынса, мындай кыйноолор токтотулбаса да, азаят эле.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун билдиргени боюнча мыйзамга ылайык жабык мекемелердеги кыйноолордун бар-жоктугун текшерген атайын координациялык топ түзүлүп, иш алып барат.

Аталган жумушчу топко парламент депутаттары, күч структурасынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү мүчө болуп киришет да, топтун иши мамлекеттик бюджет тарабынан каржыланат. Мыйзам долбоорунда бул топтун мүчөлөрү жабык мекемелерге күнү-түнү, каалаган убагында кире алат деп жазылган. Муну айрым эл аралык эксперттер да кубаттоого алышууда.

Ал эми ЖК депутаты, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Алишер Мамасалиев буга каршы:

-Текшерүү боло турганы тууралуу жок дегенде эки күн мурун тиешелүү жерлерге кабарлаш керек. Бул эң биринчи иретте бул координациялык топ мүчөлөрүнүн коопсуздугу үчүн зарыл. Ошондуктан мыйзам долбоорун парламентте талкуулаган учурда биз мына ушул күн-түнү, каалаган убакта эскерүүсүз кирип бара берет деген пунктту алып салганбыз.

Депутат Алишер Мамасалиевдин билдирүүсү боюнча “Кыйноолорго каршы улуттук превентивдүү механизм тууралуу" мыйзам долбоору кийинки жылдын апрель-май айларында парламентте каралат.

Укук коргоочулардын белгилегени боюнча кыйноолор жабык мекемелерде, кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү тарабынан гана эмес, милиция жана жазык аткаруучу жайлардын кызматкерлери тарабынан да жасалып жүрөт.

Милициянын убактылуу камоочу жайларынан тартып, жаза аткаруучу мекемелерге чейин кирип, анда кармалып тургандардын абалы менен таанышып жүргөн укук коргоочу “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова Кыргызстанда кыйноолордун 92 пайызы ички иштер структурасында жасалат деп билдирди:

-Биз бардык райондордогу убактылуу жайларга, айрым түрмөлөргө кирип, өзүбүздүн иликтөөлөрүбүздү жүргүздүк. Мындан тышкары кармалып тургандардын туугандары кат аркылуу кайрылган. Мына ушулардын негизинде биз чыгарган жыйынтык – кыйноолордун 92 % алгачкы шектүү деп кармалган 48 сааттын ичинде тергөөгө жетпей, ошондой эле сотко, абакка чейин эле болгонун көрсөттү.

Укук коргоочунун сөзүн ИИМдин өкүлү Шамшыбек Мамыров кескин четке какты. Анын айтуусунда милициянын катарында кылмыш ишин мойнуна алдыруу максатында кыйноолор болгон учурлар жок:

-“Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген жакшы сөз бар кыргызда. Кылмыш кылып, кармалгандар деле адвокаттарынан же башка юристтерден кеңеш алып, анан “мени кыйнаган, сабаган, уруп мойнума алдырган” деп айта беришет да. Ошондуктан, мен Абдурасулованын милицияны айыптаганына кошула албайм.

Милициянын жообуна карата укук коргоочулар бир катар далилдерин келтиришти. Азиза Абдурасулованын санап бергени боюнча милициянын жана улуттук коопсуздук кызматынын жабык мекемелеринде да кыйноолордун түрлөрү жасалып жүргөнү тууралуу маалыматтар бар.

Энергетика ишканалары сатууга коюлду

Өкмөт 29-декабрда “Ошэлектро”, “Жалал-Абадэлектро” жана “Чыгышэлектрону” сатууга койгон жатат. Бөлүштүргүч компанияларды сатуу маселеси боюнча Мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул Бакиров менен маек.

-Сүйөркул мырза, бул ишканаларга коюлган баа тууралуу алгач маалымат бере кетсеңиз?

- Энергетика тармагын мениктештирүү боюнча Жогорку Кеңештин атайын программасы бар. Ошондо 4 электр бөлүштүргүч компанияны сатуу каралган. Ошонун негизинде өкмөттүн атайын токтому чыгып, "Түндүк электро", "Чыгыш электро", "Ош электро", "Жалал-Абат электро" компанияларынын 80 пайыз мамлекеттик акциясын сатуу боюнча чечим кабыл алган жакында.

Ошонун негизинде Мамлекеттик мүлк министрлиги атайын конкурс жарыялады. Мурда өзүңүздөр билгендей, "Түндүк электро" компаниясы эки жолу коюлуп, сатып алуучу жоктугунан конкурстар жыйынтыгы жок бүткөн. Азыр "Түндүк электро" ылдыйкы баасы боюнча чек коюлбаган конкурска коюлду, атайын ушундай метод бар.

Ал эми "Ош электро", "Жалал-Абат электро", "Чыгыш электро" боюнча ар бирөөнүн өзүнүн баасы бар 15 миллион доллардан 30 миллион долларга чейинки, бардык ушул үч компаниянын акциялары сатыкка коюлуп жатат.

- "Түндүк электро" сатылып жатканда Бишкек жылуулук борбору бөлүнүп сатылып жатабы?

- "Түндүк электро" өзү эле коюлуп сатылып жатат. Ал эми Бишкек жылуулук тармагы менен Бишкек ТЭЦи боюнча азыр конкурс жүргөн жок. Жөн гана "Түндүк электро" компаниясынын акцциясы сатылып жатат.

- Баасы чыкпагандан кийин символикалуу акчага сатылып кетиши мүмкүн деп депутаттар айтып жатат. Ошондой болушу мүмкүнбү?

- Андай мүмкүн эмес. Анткени комиссия карайт дагы, эгерде ылайыгы келбейт десе сатпай койгонго укугу бар.

- Өкмөт ушул энерго компанияларды аудиттен өткөрүүнү караштырып жатканда, тендер менен аудит кандай айкалышат?

- Азыркы убакта аудиттерди өткөрүү, ар бир компаниянын чыгымдарын тактап чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул эми менчиктештирүү болобу, болбойбу өткөрүлө бере турган жумуш.

Анткени алардын тарифтерин тактоо боюнча, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштерге жардам берет, ошон үчүн аудит жүргүзүү боюнча чечим кабыл алынган.

- Аудитти өткөрүп туруп, андан кийин сатыкка коюлса дурус боло беле деген дагы ойлор бар?

-Жыл сайын биздин акционердик коомдор закон боюнча жыл сайын аудиттен өтүп турат, быйылкы жылы дагы аудиттен өтүп жатат. Андан тышкары азыр берки аудит болсо жөн гана тармак, чыгымдар боюнча өзүнчө аудит. Ал эми жалпы финансылык, экономикалык иштер боюнча жыл сайын аудит өтүп турат дагы, ал аудит компаниянын жыйынтыктары бар.

- Ушул төрт бөлүштүргүч компания бир колго түшүп калышы мүмкүнбү?

- Ал мүмкүн эмес го. Себеби төртөөнө төрт башка конкурс болуп атат. Ошон үчүн ар бир конкурска кимдер катышат, кимдер жакшы, мыкты шарттарды сунуш кылат, ошол аз мүмкүнчүлүгү бар го, негизинен ар кайсы эле сатып алуучуларга кетиши мүмкүн.

- Азыркы мезгилде бул ишканаларга кызыккандар барбы?

- Азыркы мезгилде кызыккан компаниялар бизге кайрыла элек. Анткени биз жакында эле конкурс жарыяладык. Мөөнөтү аягына жакындаганда билинет кайсы компания кызыгып атканы. Анткени алар келип карап чыгып, өздөрүнө чечим кабыл алганга убакыт жетише элек го.

- Жогорку Кеңеш бир катар стратегиялык ишканалардын акцияларын өнүктүрүү фондуна берүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алган эле. Азыр ал маселе кандай чечилип жатат. Кайсы ишканалар Өнүктүрүү фондуна бериле турган болуп атат?

- Бул маселелер азырынча карала элек. Законго гана өзгөртүү киргизилген. Азыр Өнүктүрүү фонду дагы акцияларды башкаруу укугуна ээ болду. Бирок өкмөт тарабынан азырынча бул маселе карала элек.

- Демек чечим кабыл алына элек экен да?

- Кабыл алына элек.

- "Улуттук электр станциялар" акционердик коомунун директорлор кеңешин Евгений Гуревич башкарып калды деген маалымат бар. Муну тактап бераласызбы. Бул кишинин "Улуттук электр станциялар" акционердик коомунун директорлор кеңешинине мүчө болгону мурда такталган эле?

- Ал мүчө катары гана кала берет. Анткени Мамлекеттик мүлк комитетинен тышкары ал жерде Социалдык фонддун да 12 пайыз акциясы бар. Социалдык фонд өзүнүн акцияларын конкурс аркылуу башкарууга MGN группасына берген экен. Ошол акционер катары Гуревич директорлор советинин мүчөсү катары кирген, жетекчиси эмес, катардагы эле мүчөсү.

- Рахмат маегиңизге.

А. Бекназаров: Кумдан курулган айыптоолор урап түштү

Балыкчы, Петровка окуялары боюнча айыпталгандардын жана Исмаил Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров оппозициянын өкүлдөрүнө каршы жүрүп жаткан сот иштеринин соңку жагдайын баяндап берди.

-Азимбек мырза, бүгүн Исмаил Исаковдун сотунда прокурорлор жана адвокаттар сөз сүйлөйт. Сиз прокуратура тарабынан кандай чабуул күтүп жатасыз?

-Бүгүн прокуратура чабуул койбойт. Тескерисинче, Исаковго коюлган бир топ айыптарын алууга аргасыз болот. Ал эми 3 млн. 800 миң сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын доосунан баш тартат болуш керек. Анткени бир дагы далил соттук иликтөөдө табылган жок. Тескерисинче, Исмаил Исаковдун ак экенин өз көздөрү менен көрдү. Ошондуктан мен эч кандай чабуул күтө албайм, бирок артка чегинүү сөзсүз болот.

-Сиздин актоо сөзүңүз эмнеге негизделет?

- Мен сөзүмдө негизинен И.Исаковду каралоочу бир дагы далил табылбаганын, ага күбөлөрдүн көрсөтмөлөрун келтирип, иштин ичиндеги материалдарды тастыктап иликтеп берем. Экинчиден, Башкы прокуратура тарабынан саясий заказ менен иш козголгондугун, атүгүл кесиптик юридикалык жактан кетирген бир топ катачылыктарын дагы эсептеп, ошолордун бардыгын саясий заказ экенин негиздеп, актоо чечимин чыгарууну суранам.

-Азимбек мырза, “Аль-стар” деген менчик фирманын Балыкчыдагы техникаларды санагандыгы боюнча да талаш-тартыш чыкты эле. бул жагдай аныкталдыбы?

- “Аль-стар” дегенге техникалардын келтирген зыянынын өлчөмүн эсептеп бергиле деп бир дагы орган, Башкы прокуратура, Коргоо министрлиги да кайрылбаптыр, сотто бул аныкталбадыбы. Анан кайдан бул документ келип калган деп сурасак, өздөрү ийиндерин кушуруп билбейбиз деп айтты.

Сот дагы өзү да сурады, ким муну дайындаган, ким тапшырма берген зыяндуу көлөмүн эсептеп бергиле деп деп. Коргоо министрликтин өкүлү да баш тартты, прокуратура да биз билбейбиз деди. Иштин ичинде эч кандай материал жок.

Мен ойлойм, буга сот юридикалык баа берип туруп, мүмкүн жекече чечим чыгарат болуш керек. Алардын чыгарган зыянынын ишке эч кандай тиешеси жок болуп калбадыбы. Өздөрү соттук процесстен баш тартышты. Алар тайм аут сурабадыбы, бир жума убакыт бергиле, биз оңдоп эсептеп келели деп.

- Бул психологиялык чабуул иретинде даярдалган өзүнчө даярдык турбайбы алар тараптан?

- Эптеп бир нерсе таап жоопко тарта коюш керек деп шашылганда ар кандай документтер кете берет. Атүгүл кээ бир жерлерде Исаковдун фамилиясы Исмаилов деп кетип калган.

- Балыкчыда судьяга ишеним көрсөтүлбөгөнүнө карабай соттук жараян улантылды. Жогорку Сот сиздердин арызды кароо мөөнөтүн аныктадыбы?

- Жок, Балыкчынын соту Жогорку Сотко иштин биздин арыз материалдарды 16-ноябрда жибергенин тастыктап айтып берди. Бизге тиешелүү документтерди колубузга берди. Бирок эмне үчүн Жогорку Сот караганга чейин ишти күтпөй баштап жибердиң дегенге, ал Жогорку Соттун төрайымынын катын көрсөттү ушул каттын негизинде мен карап атам деп.

Мен адвокат катары ага өтүнүч келтирдим: "Сиз каттын негизинде иш баштоого укугуңуз жок, сиз комиссиянын, мыйзамдын негизинде башташыңыз керек, мунуңуз мыйзамсыз болуп калат акыры түбү" десем, ал ийнин кушуруп, бирок ишти баштай берди. Бирок биз ошондой каттын негизинде ишти баштадың дегендей чечим чыгартып койдук.

-Демек бул судья мыйзам эмес, Жогорку Соттун төрайымынын катын жогору көрүп, ошондон баштап жатат экен да ишти?

- Ушундай саясий иштерди аргасы кеткенде ар кандай каттарды жазып, эптеп-септеп эле чечим чыгарууга аракет жасаганы ошону менен далилденип атпайбы. Бирок мен ойлойм, Балыкчыдагы сот иши дагы И.Исаковдун ишиндей эле жокко чыгарылып калды, жакын арада аларды кое бергенге аргасыз болот.

-Рахмат маегиңизге.

Ө.Текебаев: Элди өз укугун коргоого чакырабыз

Ө.Текебаев "Азаттыктын" Вашингтондогу кеңсесинде, 2008 декабрь

Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр өкмөттүн кирешелүү, стратегиялык маанидеги энергетикалык ишканаларды жеке колго сатуу чечимин айыптоодо.

Кыргызстандагы эки жылдан бери созулган энергетикалык кризистен чыгуунун жолун кыргыз өкмөтү энергетикалык компанияларды сатыкка коюп, жеке колго өткөрүү керек деп чечти. Бул тармакты жаңыча башкарууга өткөрмөйүн энергетикалык туңгуюктан чыгууга мүмкүн эместигин өлкө жетекчилиги калкка түшүндүрүү аркетинде.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өлкө байлыгы башка бир тараптардын колуна өтүп кетүү коркунучунда экенин “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

«Азаттык»: -
Өмүрбек мырза, буга чейин өлкөдөгү солчул күчтөрдү бириктирип конфедерация түзүү максатыбыз бар дедиңиз эле. Бул ишке ашуудабы?

Ө. Текебаев: -
Бул багытта иштер жүрүп жатат. Социал-демократиялык партия жана солчул багыттагы уюмдар, өкмөттүк эмес уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Менин оюмча өкмөттүн тариф саясатына каршылык акцияларын жүргүзүүдө келечектеги конфедерациясынын формасы жана катышуучулары аныкталып калышы мүмкүн.

«Азаттык»: -
Коомдук парламент чакырылып энергетикалык абал талкууланат деп да айттыңыз эле. Бул сөз тейден эле калдыбы?

Ө. Текебаев: -
Жок. Бул маселе айтылгандан кийин жакынкы күндөрү бул жыйналышты уюштурабыз.

«Азаттык»: -
Демек, Коомдук парламент жакынкы күндөрү өлкө боюнча чакырылат?

Ө. Текебаев: -
Өлкө боюнча эмес, анын алтымыштай мүчөсү бар. Көптөн бери, тилекке каршы жыйын чакырылбай келүүдө. Канча мүчөсү калган калбаганын тактап туруп декабрь айынын он бештерине чейин жыйынды чакырабыз.

«Азаттык»: -
Кыргыз өкмөтү жаңы энергетикалык тарифти тааныштыргандан кийин элдин нааразылыгы күчөп, митингдер болсо анын катышуучуларын колдой турганыңарды билдирдиңер эле. Бул оюңар дагы деле бекемби?

Ө. Текебаев: -
Биз өкмөттүн тариф саясатын элге каршы, элдин кызыкчылыгына каршы саясат деп эсептейбиз. Ошондуктан биз эмгекчил элди өз укугун коргоого, бул тариф саясатына каршы чыгууга чакырабыз. Ага каршы чыгуунун формалары ар кандай болушу мүмкүн. Ал акцияларга катышуучулар, убактысы, өтө турган жери ар кандай формада болушу мүмкүн. Муну жергиликтүү эл, шаарлардын жашоочулары өздөрү аныкташы керек.


Мурункулардан айырмаланып, биздин партия же башка саясий уюм демилгечи болуп чыгып, качан, кайсыл жерде, кандай формада болоорун биз аныктайбыз деп айтканыбыз жок. Биз эмгекчил элди активдүү болууга, өз кызыкчылыгын коргоого чакырдык. Зарыл болгон учурда биз кеп-кеңешибизди жана уюштуруу иштеринде жардам берүүгө даяр экенибизди, андан баш тартпай турганыбызды билдирдик. Мына азыр Кыргызстандын ар кайсы жерлеринде жаңы тарифтер кызуу талкууланып жатат.

Биз эмгекчил элди өз укугун коргоого, бул тариф саясатына каршы чыгууга чакырабыз.


Бишкекте бир-эки чакан, ачык нааразычылык акциялары болуп, эл өзү нааразычылыгын билдирди. Мына ушуга окшогон элдин күтүүсүз, өз алдынча чыккан акциялары Таласта, Нарында, Баткенде жана башка жерлерде байкалып жатат. Ушинтип коом бул саясатка каршы. Биз өтө турган иш-чараларды саясий эмес, биринчи кезекте социалдык, экономикалык талаптар менен өтчү акциялар болот деп турабыз.

«Азаттык»: -
Энергетикалык жаңы тарифти оппозициялык күчтөр, саясатчылар өз кызыкчылыгына пайдаланууда, же болбосо ошого максат кылып жатат деген ойго кошуласызбы?

Ө. Текебаев: -
Кандайдыр бир даражада кошулса болот. Биз бул саясатка каршы экенибиздин он жылдан ашуун айтып келе жатабыз. Бул бийликке ийгилик, жаңы колдоо алып келбей турган кадам. Анткени, мына баа көтөрүлүп, көтөрүлбөй жатып эле өкмөт декабрь айынын аягында энергокомпанияларды сатуу боюнча тендер жарыя кылынганын айтты. Мунун максаты элден акча жыйнап, бул тармакты оңдоп түзөтүү эмес, чет элдик кардарларды кызыктыруу менен алардын келечектеги пайдасына эмитен кам көрүү. Мына ушундай аракеттери менен өкмөттүн, бүгүнкү бийликтин максаты ачык көрүндү.

...элден акча жыйнап, бул тармакты оңдоп түзөтүү эмес, чет элдик кардарларды кызыктыруу менен алардын келечектеги пайдасына эмитен кам көрүү...


«Азаттык»: -
Нааразылыкка чыкчуларга колдоо көрсөтүү, алар менен бирге болуу, балким, кийинки ыңкылап дейбизби, төңкөрүш дейбизби, айтор туруксуздукка алып келчү кадам эмеспи?

Ө. Текебаев: -
Элдин нааразылыгынын күчөшү жана алардын активдешүүсү биринчи кезекте оппозициянын иш-аракетинен эмес, бийликтин жасап жаткан саясатынан, алардын кетирген кемчиликтеринен, адам укуктарын көзгө илбей тебелегендиктен келип чыгат. Эгерде ошондой абал түзүлсө, буга биринчи кезекте бийлик, анын жүргүзүп жаткан саясаты себепчи болот.

«Азаттык»: -
Сиздин партия, өзүңүз ушундай агымдын алдында болуу максатыңар айкынбы?

Ө. Текебаев: -
Биз, Бириккен элдик оппозиция бүгүн оппозициялык маанайдагы кыймылдарды координациялап, бир багытка бурганга даяр. Ал боюнча экономикалык планда, саясий планда да даяр документтери, көз караштары бар.

«Азаттык»: - Бирок ошол эле учурда чоң кооптонуу бар да, саясий куугунтуктоо, саясий лидерлердин жеке коопсуздугу деген. Бул жагын кандай баалайсыз?

Ө. Текебаев: -
Ооба. Абал курчуган сайын бул коркунуч реалдуу болоорун биз билебиз. “Эми корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт” дейт. Этият болуш керек... Бешенеге жазганды көрөбүз деген ишеним менен өзүбүздүн идея, принциптер үчүн күрөшүүбүз керек. Биздин социалисттердин негизги принциби – биз көрбөсөк, балдарыбыз көрөт. Биз ушул принцип менен аянбастан күрөшүүгө даярбыз.


Тилим-дилим: Сөз куну

Кыргыз тилиндеги кургак эрежелерди жаттата берүүнүн кесепети кыргыз балдарын кыргызча сүйлөөдөн “үркүтүп” жактанын тилчи адистер өздөрү да танбайт.

Бир карасаң, кезинде жээгине батпай, ашып-ташып аккан дайра тартылгандай, муун алмашкан сайын кыргыздын кулак кумарын кандыра сүйлөгөн мурунку мууну улам кийинкиси менен алмашып, сөздүн куну кетип баратканын байкоого болорун айтышат.



Кыргыз эл артисти, театрдын жана кинонун белгилүү актеру Дүйшөн Байтөбөтов азыркы жаштардын тили “ата-апа” деп чыкпайле, “папа-мама” деп чыгып калганына жаны кейийт. Анын айтымында, ар бир улуттун улут катары кармана турган салт-санаасы, нарк-насили болот. Тилекке каршы биз бүгүн ушулардан ажырап калдык. Бул айрыкча тилибизден байкалууда. Кыргыз жаштары бүгүн ата тарбиясынан, эне сүтүнөн кечип: “папа, мама, дядя, братишка, сестренка. “ деп буруу тилдеги аталыштар менен сүйлөп калды. Учурда акыл-эс менен намыс нускалуу тарбия бере албаган карылардан да, алардын айтканына кол шилтеп турган жаштардан да бирдей кетүүдө.

Эл артистинин мына ушундай ой-пикиринен кийин мен жашы 18деги, өзү элет жеринде өскөн уланды сөзгө тартып, айрым сөздөрдүн маанисин сурадым. Султан Бишкектеги бир окуу жайынын студенти.

- “Кабагын карыш салды” деген сөздү кандай түшүнөсүң?

- Кабагын карыш салды... дегендиби? Түшүнбөйт экемин.

- “Какаганга муштаган” дегендичи?

-Муну да түшүнбөйм.

- А, “кайырын чайыр кылды”, “казаны оттон түштү?” дегендердичи?

- Жок, буларды да түшүнбөйт экемин.

- Деги ушул сөздөрдү уктуң беле? Мисалы: “Биз кирип барсак, кабагын карыш салып олтурган экен” деп коет го?

- Билбейм, уксам керек, бирок маанисин түшүндүрө албайм.

- Мектепти бүткөнүңө бир эле жыл болуптур, мындай сөздөрдүн маанисин мектепте үйрөткөн жок беле?

- Жок, үйрөтчү эмес. Ат атооч, этиш, чакчыл, барыш, табыш, чыгыш деген эрежелерди эле жаттата берчү.

Кыргыз тилиндеги кургак эрежелерди жаттата берүүнүн кесепети кыргыз балдарын кыргызча сүйлөөдөн “үркүтүп”, өз тилин билбеген “маңкуртка” айлантып келатканын тилчи адистер өздөрү да танбайт, бирок ага каршы эч кандай аракеттер байкалбайт.

Мен 18 жаштагы Султандан кийин ага берилген ошол эле сөздөрдүн маанисин кандай түшүнөрүн сурап 48 жаштагы Жапар Өмүрзаков аттуу адамга кайрылганымда негизинен туура түшүндүрүп берди. Таңгалыштуусу, советтик мектептен окуган “окуучу” алда немедей түшүндүргөн сөздөрдүн маанисин эгемендик алгандан кийинки мектеп окуучусу такыр эле түшүнбөй калган “деңгээлге” чейин жетипбиз.

Түрмөктүн экинчи бөлүгү жер-суу аталыштарына арналды. Өз кабарчыбыз Жазгүл Жамангулова бул жолу Чүй аймагындагы айыл-кыштактардын аттарына байкоо салган. Аралап баратып Полтавка, Гавриловка, Ново-Павловка, Покровка, Петровка ж.б.д.у.с. падышалык Орусиянын үстөмдүгү менен кирген аталыштардын эмдигиче өзгөртүлбөй келатканына көңүл бурган. Чүйдүн айыл-кыштактарында жашаган калктын 99 пайызы кыргыз болуп туруп, мындай аталыштардын бүгүн 70 пайызы орус тилинде. Бул боюнча айрым жарандар менен пикир алышканда алар жергиликтүү айыл аксакалдарынан айыл аттарын кыргызча атайлы деп демилге көтөрүлгөнүн, бирок жергиликтүү бийликтин кайдыгерлигинен өзгөрүүсүз кала берип келатканын белгилешкен.

Ал тургай “Кочкорбаев атындагы айыл округу” деген жазуунун боегу өчүп отуруп окулбай калган, ошол эле учурда андан берээктеги “Дмитриевка", "Красная речка” деген жазуулар улам сырдалып, боелуп турат. Жергиликтүү тургундардын айтымында, “Красная речкада” жалаң дунгандар жашайт, бу калк айылдын атын кыргызча “Кызыл-Суу” деп атагысы келбейт.

Ал эми облус губернаторунун мамлекеттик тил боюнча орунбасары Самарбек Күчүковдун пикиринде, бул маселени бир эле буйрук менен же токуй салган токтом менен чечип салуу мүмкүн эмес. Муну президенттин деңгээлинде чечүү керек. Анткени кыргыз тилинин душманы кыргыздардын өзү болууда. Орунбасар губернатордун оюнча тилге мамилени өзгөртүүдөн мурун ар бир кыргыз баласы ниетин, дилин агартышы керек.

Түрмөгүбүздүн аягын мындан 20 жыл мурда жазган:

“Кыргыз жери кыргызча эмес,
Ново-Российка, Орловка, Павловка,
Кыргыз жери кыргызча эмес,
Сосновка, Покровка,
Таласта да Покровка,
Чүйдө дагы Покровка,
Көлдө дагы Покровка,
Покровка, Покровка, Покровка -
Кыргыздын жериндеги татиуровка!
... деген ырым менен аяктайын.

Кыргыздын жыл санагы үч ирет өзгөртүлгөн

Кыргыздын айрым жыл санакчылары жаңы жыл 17-ноябрда жаңырат десе, айрымдар күн-менен түн теңелген 17-мартта жаңы жыл келээрин айтышууда.

Дүйнө эли сыяктуу эле эгемендүү өлкө Кыргызстан дагы 1582-жылы Рим папасы Григорий XIII түзгөн календары менен жыл санагын жүргүзүп келатат.

Бир катар Европа өлкөлөрү Италия, Испания, Португалия, Польша, Франция жана башка мамлекеттер 1582-жылдан бери ушул календарды колдонуп келатышат. Улуу Британия жана анын ошол учурдагы колониясындагы өлкөлөр 1752-жылдан бери Григорий календары менен жыл санагын жүргүшүп келишкен.

1873-жылы күн чыгыш өлкөсү - Жапония, 1911-жылдан бери байыркы тарыхый булактарга ээ - Кытай, 1912-жылдан Германия, 1924-жылы санжыралуу уламыш, тарыхый табылгаларга ээ - Грекия, 1927-жылы Түркия, 1928-жылы Египет өлкөлөрү дагы Григорий календарын колдоно баштаган.

Бирок Григорий календары да Юлий Цезардын жыл санагынан 10 күн айырма менен түзүлгөнүн адистер белгилеп жүрүшөт. Орусия бул Григорий календарын кеңеш доорунда дин кызматкерлердин каршылыгына карабай 1918-жылы кабыл алган.

Жалал-Абат облусунун Кара-Көл шаарынын тургуну, кыргыздын жыл санакчысы Анарбек Темиркуловдун айтымында, күн менен түн теңелүүсү 17-мартта болгондуктан учурдагы календарда айырмачылыктар арбын.

-Григорий календарын түзүүдө дагы айырмачылыктар болгон. Алардын жыл санагы боюнча 3323 жылда бир күн айырма болот дешет. Анан кантип эле 400 жылда эле он үч күн аттап кетсин. Артка жылдырабыз дешип, булар дагы алдыга аттап кетишкен. Учурда 17-мартта күн-түн теңелип калды. Ушуну эске алып, жыл санагын жүргүзсөк, баары ордуна келип калат эле. Себеби биз Ноорузда, 21-мартта жаңы жылды үч күн кеч белгилеп жүрөбүз. Беш тогол болбойт. Ошондуктан кыргыздар аны көңүлгө алып, арсар ай же он үчүнчү ай деп атап келишкен.

«Калемгер» адабий клубунун жетекчиси Мирлан Самыйкожонун пикиринде болсо, байыркы кыргыздардын жыл санагы боюнча 17-ноябрда жаңы жыл жаңырды.

-Жыл наамасы, ай календарына таянсак 17-ноябрда жыл жаңырды. Биздин бабалардын жыл санагы боюнча 17-ноябрда жыл жаңырат. Эгерде кыргыздын жыл санагы, так маалыматы менен жашай турган болсок, анда 17-ноябрда жыл жаңырып, жаңы жылды тосуп алуубуз керек эле. Кыргыздын жыл санагы, ай календарлары орундары алмашып, унутулуп өчүп баратканы өкүндүрөт.

Кыргыз-түрк «Манас» университетинин профессору, тарых илимдерин доктору Олжобай Каратаевдин айтымында, байыркы кытай тарыхында кыргыздардын календары так экендиги белгиленген. Себеби күн менен түн теңелген 20-марттан 21-мартка ооган түнү асманда бир түн гана Балык жылдызы көрүнөт.

- Өзгөчө байыркы кытай булактарындагы маалыматтарында кыргыздарда эң так жыл санагы, календары бар экендиги айтылган. Мисалы, Тан доорундагы кытай булактарындагы кыргыздардын жыл санагында 12 жапайы жаныбардын аталышында тураарын, анан алардын жыл санагы «баоши» деп жылды март айынан жылдын башталышы деп атап, үчүнчү айда дан эгиндерин сээп, тогузунчу айда эгиндерин жыйнап алышат деген кытайдын маалыматтарында так, даана белгиленген. Себеби күн менен түн теңелген 20-марттан 21-мартка ооган түнү асманда бир түн гана Балык жылдызы көрүнгөн. Ошондо гана кыргыздар жаңы жыл келди дешип, шаан-шөкөт менен, ат оюндары менен жаңы жылды тосуп, зор салтанат менен майрамдашкан. Негизинен эле жалпы жыл санак боюнча, Григорий календары, Кытайлардын жана башка календарлар боюнча дагы так эместиктер бар экендиги айтылып, талаш-тартышуу уланып келатат. Ошондуктан жыл, ай календарлары боюнча беш-алты жылда бир ирет тактоолор болуп, реформа жүргүзүлүп туруусу зарыл.

«Айтыш» коомунун төрагасы Садыр Шернияздын пикиринде, учурдагы жыл санакта дагы так эместиктер бар. Ошондуктан кыргыздардын байыртан бери жыл санагы болгонун жаштарга айтып, маданият, тарых катары баалай окуп, үйрөнүп таанып-билүү зарыл.

Ал эми көп жылдан бери кыргыздын жыл санагын изилдеп, тактап келаткан Асыкбек Оморовдун пикиринде ай, жыл аталыштары үчүнчү ирет өзгөрүп, өзүнүн байыркы маани-маңызын жоготуп койгон.
Учурда кеңири колдонулуп келаткан Григорий календарынын дагы так эместиктери бар экендиги, жыл сүрүү тартагында реформа кылуу зарылдыгы да адистер таратынан айтылып, кайчы пикирлер өкүм сүрүп жүрөт.

Кыргыз календары, ай-жыл аталыштары тууралуу да маалымат каражаттарында чагылдырылып, оош-кыйыштары коомчулукта кеңири талкууга алынса деген пикирлер да бар.

Жаш балбандар сындан өттү

Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын Кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Эки жүздөн ашуун балбан мөрөй талашты.

Эркин күрөш боюнча өлкө кубогуна арналган мөрөй талашуу Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын күрөш залында өттү. Мелдешке өлкөнүн ар аймактарынан келген 205 балбан катышып, сегиз салмак боюнча күч сынашты.

Натыйжада эң жеңил салмакта Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу Айбек Ташматов баш байгенин ээси болду. Ал финалда токмоктук Изат Талгатбек уулун жеңип алды.

Мелдештин башкы калысы Зайдин Азизбаевдин пикиринде бул жолку өлкө Кубогунда жаштар сындан өтүп, мыкты балбандар Кыргызстандын тандалма командасына талапкер болушту.

55 кг салмакта баш байгени Бишкек шаарындагы №5-спорт мектебинин балбаны Улукман Маматов жеңип алды. Ага аз упай менен алдырып койгон бишкектик Самат Надырбек уулу күмүш байгелүү болду.

60 кг салмактын баш байгесин да Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын өкүлү Эрлан Абдыгулов утуп алды. Экинчи орунга Бишкек шаарындагы №5-спорт мектебинин балбаны Азамат Бейшеналиев ээ болду.

66 кг салмакта Кыргызстандын Кубогун Бишкектеги “Эмгек резерви” спорт коомунун өкүлү Адилет Раманов жеңип, мыкты балбан аталды.

74 кг салмакта Кыргызстандын Кубогуна Бишкектеги №5 спорт мектебинин өкүлү Эрлан Дөрбөнов татыктуу болду. Ал финалда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясынын балбаны Ахмед Мачиновду артыкчылык менен утуп алды.

Өлкө кубогуна ээ болгон Эрлан Дөрбөнов сегиз жылдан бери эркин күрөш менен машыгып жүргөнүн, эл аралык аренада Кыргызстанды таанытуу максаты экенин “Азаттыкка” билдирди.

84 кг салмакта өлкөнүн мыкты балбаны деп карабалталык Раман Сарыбаев аталып, биринчи орунду ээледи. Ал эми 96 кг салмактагы балбандардан бишкектик Дмитрий Чуплан биринчи орунду камсыз кылды. Оор салмакта өлкө Кубогунун ээси Бишкектеги 5-спорт мектептин балбаны Аскер Эсендиев болду.

Эми 3-декабрда Караганда шаарында өтө турган эл аралык мелдеште Кыргызстандын намысын жаш спортчулар коргошот- дейт өлкөнүн эркин күрөштөн башкы машыктыруучусу Анарбек Үсөнканов:

- Бул биринчиликте жаштарды сынап, мыктыларын курама командага кошконго аракет кылдык. Эми биз бул жаш уландар менен биргеликте Лондон олимпиадасына даярдык көрсөк деген максаттыбыз бар. Бээжин Олимпиада оюндарына катышкан спортчулардан Базар Базаргуриев гана курама командага мүчө болот. Ал эми калган спортчулар жаш муундун өкүлдөрү болмокчу.
50 кг салмакта Айбек Ташматов аттуу спортчубуз өзүн жакшы көрсөтүүдө. Ири мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп ийгиликтерди жаратат деген ойдомун. Буга чейин бир салмакта бир-эки эле мыкты спортчу болсо, азыр алардын саны көбөйүүдө. Ошондой эле Карагандада өтө турган турнирге дүйнөдөгү мыкты балбандар катышканы турат. Биз ар бир салмактан экиден спортчуну алып барып таймашка чыгарабыз. Кимиси мыкты ийгилик жаратса Кыргызстан курамасынын мүчөсү аталып, өлкө намысын коргойт.

Эл аралык калыс, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Базарбек Чаловдун пикиринде бул мелдеш эркин күрөшкө кызыккан жаштар арбын экенин айгинеледи.

Курман айт дүйнөдө

Татар мусулмандары койду сойгону алып баратышат, Казан шаары, 27-ноябр, 2009-жыл

Түштүк Азия, Ирак, Ирандын мусулмандары ишемби Курман Айтты майрамдашты. Бул иайрам Жакынкы чыгыш, Түштүк-Чыгыш Азияда, Европа, АКШда момун мусулмандар тарабынан жума күнү белгиленген. Айрым мусулман мамлекеттерде курман айтты расмий майрамдоо жекшембиде да улантылды.

3 күндүк Курман айт ажылыктын этегине туш келет. Ишембиде (28-ноябрда) да Меккеге барган 2 миллиондой мусулман шайтанды таш бараңга алуунун сыяпатын кылышты.

Курман айт Ибрагим пайгамбар өз баласын Кудайга садака чалуудан да кайра тартпагандыгын даңазалайт. Ибрагим жөөт, христиан, мусулман элдерине орток пайгамбар болгон менен, бул майрам мусулмандарда гана бар.

Бангладеште динге ишенген Фархад Хусейн курман айтта малды мына бул каалоо-тилек менен союшаарын билдирди:

– Биз азыр курман айтка намаз окудук, биз кудайдан Бангладештеги жана дүйнөдөгү бардык мусулмандарга тынчтык, бакыбат турмуш сурайбыз. Биз малды курман чалганга даярбыз. Азыр биз үйгө барып, Аллага багыштап, мал мууздайбыз.

Бангладеште курман айттын алдыңкы күнү миңдеген киши баш калаадан айылдарга агылышты. Даккада жолдо машиналар көп болуп, кыймыл жай болду. Жума күнү түндө баш калаадан 300 чакырым түштүктө жүздөгөн жүргүнчүнү ташып бараткан кеме чөгүп, 30 такты киши каза тапты.

Пакистанда коопсуздук маселесинен улам курман айтта майрамдык маанай анчейин байкалган жок.

Үстүбүздөгү айда эле жанкечтилердин сегиз чабуулунан 110дой кишинин өмүрү кыйылды.

Үч күндүк майрамдын мезгилинде мындай кол салууларга жол бербөө үчүн мечит жана башка чогулуш жайларында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул айдагы чабуулдардын оодук бөлүгү орун алган ооган чек арасына жакын жердеги Пешавар шаарында азыр маанай адаттагыдай пас.

Тасма. Кыргызстандыктар курман айт майрамын 27-ноябрда белгилешти.


Курман айт - кайрымдуулук майрамы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:11 0:00



2009-жылдын 27-ноябрь (жума) күнү Бишкек шаарынын эски борбордук аянтында, Жогорку Кеңештин имаратынын маңдайында курман айт намазы окулду. Ага он миңдеген мусулмандар катышты. (SA)

Эми электр ишканалары сатылат

Энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы нааразылык акциядан. Москва району, 2008-жылдын 16-декабры.

Кыргыз өкмөтү электр кубаты, жылуулук боюнча тариф саясатын калкка тааныштыргандан кийин эми декабр айында электр ишканалары сатыла турганын жарыя кылды.

Сатылат делген "Чыгышэлектр”, Ош, Жалал-Абад электр ишканаларынын катарындагы эң ири энергетикалык компания “Түндүк электр” өткөн жылы эле сатууга коюлуп, бирок кардар чыкпай токтоп калган. Бул ирет ал алдын ала баасы бычылбай түз эле сатыкка коюлушу мүмкүн.

Кыргыз бийлиги энергетика тармагындагы мындай реформалар өлкө казынасы үчүн миллиардаган сом киреше алып келээрин белгилесе, коомчулукта калктын мойнуна асмандаган баалар илинип, ал социалдык чыңалууга, өлкөнү туруксуздукка алып келет деген кооптонуу күч.

Эки жылдан берки эсти оодарган энергетикалык кризистен чыгуунун жолун кыргыз өкмөтү энергетикалык компанияларды сатыкка коюудан, жеке колго өткөрүүдөн башка ылаажы жок деп парламент менен элди ишендирип келатат. Кризистен чыгуу ириде уурдоо, уруксатсыз сатып жоготуудан чыккан тармактагы баш-аламандыкты жок кылмайын мүмкүн эместиги арбын айтылганы менен жарытылуу иш жасалбай келатканы көпчүлүккө дайын.

Ошол эле учурда коомдо өкмөттүн мындай реформачыл саясатына ишенбей, ал тургай кыжырдануу да күч алганы, эми анын учугу кайда барып токтоору белгисиз. Саясат таануучу Эмил Каниметов советтик доордон калган ресурстар түгөнүп, кыргыз бийлиги мындай чукул секирик жасоодон башка аргасы калган жок, бул болсо бийлик менен элдин ортосундагы тирешүүнү күчөтөт деген пикирде:

-Азыр элдин мурдагы президент Акаевге болгондой жек көрүү сезими ойгонуп, элдин өнүүгүсүнө тоскоол болгон нерселерди сезип, адаттагыдай бир-эки ууч топтун эмес, эл менен бийликтин ортосундагы мамиленин курчушу келаткан бир-эки жылдын ичинде курчушу мүмкүн.

Оппозициялык саясатчылардын пикиринде, ансыз да чөнтөгү жука элдин эми электр менен жылуулукка төлөй турган жөндөмү аз. Азыр өкмөттүн жаңы тариф саясаты өлкөнүн булун-бурчунда кызуу талкууда, кычыраган кыштагы жаңы төлөмдөр элдин нааразылык толкундоолорун пайда кылбайт деп эч ким кепил боло албайт.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” берген маегинде, өкмөттүн жаңы тариф саясаты декабрь айынын ортосунда болчу Коомдук парламенттин жыйынында талкууланарын жана учурда пайдубалы түзүлүп жаткан өлкөдөгү солчул күчтөрдүн конфедерациясы алектенчү негизги маселелердин бири болушу мүмкүндүгүн айтты:

-“Ата Мекен” социалисттик партиясы он жылдан бери калктын эсебинен жүргүзүлгөн саясатка каршы экендигин билдирип келет. Биз элди өз укугун коргоого чакырабыз. Учурда айрым аймактарда элдердин өз алдынча нааразычылыктарын билдирип жатканы байкалууда. Эгер керек болсо биз аларга кеп-кеңешибизди айтып, жардам берүүгө даярбыз. Элдин нааразычылыгы бийликтин туура эмес саясатынан, кетирген кемчилигинен келип чыгат.

Ал эми Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Ажыбай Калмаматов азырынча жөн жерден эле кооптонууга негиз жоктугун, оппозициялык күчтөр, саясатчылар жаңы тариф саясатын өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга аракет кылаарын айтып, бирок кыргыз эли андай азгырыктарга жетеленбей тургандыгына ишенет. Өкмөт калктын аз камсыз болгон бөлүгүнө камкордук көрүүдө, ал эми элдин калың орто бөлүгү каржылык жактан кыйынчылык деле сезбейт дейт эл өкүлү:

-Жөнөкөй элге эч кандай зыяны тийбейт. Жөнөкөй катмар элдин 80-85 пайызы. Жанагы 15 пайыз казино, сауна, чоң эс алуу жайлары, базары бар байларга тийет. Аларга тийе берсин...

Көз карандысыз адситердин эсебинде, Кыргызстандын энергетика тармагы коррупция жана “энергобарондордун” менчигине эбак эле айланган. Кыргызстан жылына орто эсеп менен 14 миллиард киловатт саат электр кубатын өндүрөт. Мамлекет 10 миллиард киловатт саат электр энергиясын эле 1 сом 90 тыйындан сатканда 19 млрд. сом же 500 миллион доллардын тегерегинде акча каражаты болот.

Жергиликтүү серепчилердин баамында, кыргыз өкмөтүнүн жаңы тариф саясаты - кычыраган суукта көпчүлүктү көчөгө алып чыкпайт үмүтүнөн пайда болду окшойт. Ошол эле учурда кыргыз бийлиги бюджеттин көзүн карап отурган төрт жүз минге чукул элди, жарыбаган пенсия-жөлөк пулга үмүт арткан мекендештерин эсинен чыгарып койгондой.

Апта: Энергетика эсеби, Текебаевдин темингени...

Өкмөт кышка даярдыкты талкуулады. Россиядан Николай Патрушев келип кетти. Президенттик институттун кадрлары толукталды.

Энергетиканын эсеби

Курманбек Бакиевдин президенттиги учурунда өлкөнүн энергетика тармагы ого бетер эңшерилип, тармак түздөн-түз элди мүшкүлгө салууга өттү. Өткөн жылдары Токтогул суу сактагычындагы сууну сарамжалсыз пайдалануудан электр энергиясы үстөккө-босток өчүрүлүп, карапайым-калк, ишкерлер абдан запкы чеккен. Өчүрүүлөр дагы эле кайталанууда. Өчүрүүлөргө кошумча иретинде быйыл
тарифтерди эки, беш эсе көтөрүү чечими кабыл алынды. Жаңы жылдан кийин жаңы "белек"- бул бөлүштүргүч компанияларды менчик колдорго берүү же бийликтегилердин энергокомпанияларды өз менчигине алуусу күтүлүп жатат.
Анткени бир килловатт саат электр энергиянын 1 сом 90 тыйын, бир гикакалорий жылуулуктун 2500 сом болушу менен электр энергетика эле эмес, Бишкек жылуулук борбору да кирешелүү болуп калат. Ошондуктан өтө кирешелүү тармакты "жат колго" берүүгө бийлик жол бербейт.

Белгилүү болгондой Кыргызстан ГЭСтери эң арзан электр энергиясын өндүрөт. Эксперттердин эсеби боюнча, ГЭСтер өндүргөн бир килловатт электр энергиясынын өздүк баасы 8 тыйын, жогорку чыңалуудагы электр линиялары бөлүштүргүч компанияларга жеткиргенге чейин анын баасы 20 тыйынга көтөрүлөт. Эгерде тармактагы 30-40% чейинки жоготуулар, тагыраак айтканда коррупциянын алкымы тыйылса эле ГЭСтердин жабдуулары, ондоо иштери үчүн каражат жетиштүү өлчөмдө табылмак. Бирок бийлик коррупцияны тыюу жолу менен эмес, элдин эсебинен өзгөчө пайда көрүү жагына бурулуп алды шекилди.

Энергетика тармагынын эң чыгашалуу деп эсептелген Бишкек жылуулук борборунун эсеп-кысабына келсек:

Бул ишканага жыл сайын 1,5-2 млрд сомдук жардам берилет. Ишкана башчысы Юрий Фрик 2008 жана 2009-жылдагы чыгашалары тууралуу мындай маалымат берди:

- 2008-жылы 140 млн. куб метр газ, 700 тонна кара май, 882 миң тонна көмүр жакканбыз. 2009-жылга 900 миң тонна көмүр, 100 миң тонна кара май жана 28 млн. куб метр газ алышыбыз керек.

Көмүрдүн тоннасын 25-43 долларга, кара майдын тоннасын 216-300 долларга, газдын бир миң куб метрин 285 доллардан алышат. Бул эсептер менен алганда Бишкек жылуулук борборунун жылдык чыгашасы 60-75 млн. доллар болот. Андан сырткары албетте бир миңден ашуун жумушчуга айлык акы берилет. Ал 120-150 млн. сомдун тегерегиндеги каражат болот.

Бишкек жылуулук борбору жыл сайын 1 млрд. килловатт саат электр энергиясы, ысык суу жана жылуулук өндүрөт. Эски тарифтер менен 1 млрд. килловатт саат электр энергиясы 1 млрд. сом, жаңы тарифтер менен 1 млрд. 900 млн. сом болот. Бишкектеги 100 миң абонентке берген ысык суу жана жылуулугу, ар бир абонент беш айда орто эсеп менен 15 миң сомдон төлөгөндө эле 15 млрд. сом болот. Демек, Бишкек жылуулук борборунун жаңы тарифтер менен орточо тапканы17 млрд. сом же 400 млн. доллардын тегерегиндеги каражат болот. Сарптоолору жогоруда белгиленгендей азыркы баалар менен 75-80 млн. доллар болууда. Натыйжада таза киреше 300 млн. долларга жакын сумманы түзөт.

Азыркы мезгилде Бишкек жылуулук борбору “Бишкекжылуулуктармактар” ишканасына бир гикакалорий жылуулукту 156 сомдон, “Бишкекжылуулуктармактар” элге 500 сомдон сатып келатат. 1-январдан тарта Бишкек жылуулук борбору “Бишкекжылуулуктармактар” ишканасына бир гикалорий жылуулукту 312 сомдон сата баштайт. Бирок ал актабайт дейт Фрик:

- Тарифтерди көтөрүүнүн биринчи этабы боюнча киреше болбойт. Өзүн-өзү да актабайт. Болгону 2 млрд. сом чыгашанын жарымы кыскарат. Бирок 1 млрд. сомдон ашуун чыгаша кала берет.

Демек Бишкек жылуулук борбору бир гикакалорий жылуулукту 468 сомдон сата баштаганда ал өзүн актоого өтөт. Ал эми бийлик бир гикакалорий жылуулукту 1-январдан тарта элге 1050 сомдон, 1-июлдан тарта 2500 миң сомдон сата турган болууда. Албетте, бийлик жабдуулар эскиргенин, жаңылоолор керектигин айтууда. Бирок ал коррупция, уурдоолорду кыскартуу эмес, элдин эсебинен болоору өкүнүчтүү.

Жогорку Кеңештин депутаты Анаш Сейтказиев тарифтердин көтөрүлүшүн энергетикалык ишканаларды сатуу максаты менен байланыштырат:

- 29-декабрда “Ошэлектро”, “Жалал-Абадэлектро”, “Чыгышэлектрону” сатууну тендердик комиссия карайт. Аларды сатуу боюнча биринчи туру болот. Ал эми ”Түндүкэлектро” болсо сатылат, деген Сейтказиев сатыла турган ишканалардын жаңы кожоюндары азыркы бийликтин төбөлдөрү болуп каларын четке каккан жок.

Эл болсо жаңы тарифтер менен канчадан төлөп калаарын эсептеп жатат. Маселен, Бишкекте үч бөлмөлүү квартирасы бар Жаркын Асанова жаңы жылдан кийин канчадан төлөп калаары тууралуу буларды билдирди:

- Ошондо ай сайын бөлгөндө 3750 сом болот экен. Бул жылуулукка гана төлөнө турган сумма. Буерге электр жарыгы, муздак суу, газ жана башкалар үчүн төлөнө тургандарды кошподум. Бул эмне деген акча! Пенсия албасак. Пенсия алган кишиге деле кыйын. Тамакка кайдан акча табат? Бакиев 200 сом кошуп жатат. Ал 200 сомдун үстүнө 2 миң сомго кымбаттатып жатат.

26-ноябрда Данияр Үсөнов өкмөттүн жыйынын өткөрүп, анда элдин 93% кышка даярдыгын билдирди. Ошондой эле тариф саясатын элге түшүндүрбөгөн үчүн Энергетика миинстрлигинин тариф боюнча бөлүм башчысын кызматтан алды.


Патрушевдин сапары

Кыргызстан ошентип тариф саясатын талкуулап жаткан учурда Бишкекке Россиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев келип кетти. Ал 25-ноябрда Бишкекке келип, ошол эле күнү президент Курманбек Бакиев менен жабык эшик артында сүйлөшүү өткөрүп кетти. Патрушевдин сапары боюнча эч кандай маалымат таратылган жок. Бирок Россиядан конок келгендин эртеси күнү 26-ноябрда президент Курманбек Бакиев башында турган кыргыз делегациясы Минск шаарында боло турган Евразия экономикалык шериктештигинин саммитине жөнөп кетти. Ал саммитте кабыл алынган келишимге ылайык Беларус, Россия жана Казакстан келерки жылдан баштап бирдиктүү бажы алкагында болот. Кыргызстан да ал биримдикке кошулуу ниетин билдирди.

Ошентип Патрушевдин Кыргызстанга сапарынын максаты бир жагынан Минск саммитине жана анда Курманбек Бакиев менен Дмитрий Медведевдин көзмө-көз жолугушуусуна даярдык болсо, экинчиден кыргыз-орус мамилесине байланыштуу маселелер болушу ыктымал.

Минск саммити жана анда кабыл алынган документтерди Кыргызстан колдоп, бажы биримдигине кошулууга даярдыгын ачыктады. Ал эми Кыргызстан менен Россия турмушка ашырууну көздөгөн Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана түштүк региондо аскер жайгаштыруу боюнча ачыктык боло элек. Анын үстүнө бул долбоорлорго Өзбекстан каршы чыккан.

Оппозициялык саясатчы Исмаил Исаковдун пикиринде, Патрушевдин сапары учурунда ушул маселелер талкууланышы ыктымал:



- Патрушев келгенинин максаты түштүк жактагы база болсо керек. Эң башкы маселе ошол болсо керек. Өзбекстан да ага байланыштуу өзүнүн саясатын жүргүзүп жатканда ошого байланыштуу сөз болот. Жалпысынан коопсуздукка байланыштуу маселе көтөрүлөт. Экинчиден, азыркы саясатка байланыштуу атайын тапшырмалар менен келиши мүмкүн.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Патрушевдин сапары тууралуу мындай пикирин ортого салды:


- Бул Минск саммитинин алдында жалпы Россиянын позициясын макулдатканга болгон аракет деп түшүнсөк болот. Анткени белгилүү болгондой кийинки убактарда КМШ саммиттерине биздин Кыргызстан гана барып, калгандары барбай калып жатпайбы. Экинчиден, түштүктөгү аскердик базанын ачылышы боюнча эки ача пикирлер болуп жатат. Ноябрда кол коюлуш керек эле. Ал созулуп калды. Себеби дегенде Ошто болот, Баткенде болот... Баткенде болсо статусу кандай болот? Кайсы жерге курулат деген бир топ маселелер талкууланыш керек болуп жатат.

Белгилей кете турган нерсе, акыркы мезгилде Россиянын жогорку даражалуу атка минерлери Кыргызстанга жарым-жашыруун келип кетүүдө. Маселен, июлда Россиянын вице-премьер-министри Игорь Сечин, октябрда президенттик администрациясынын башчысы Сергей Нарышкин, эми ноябрда коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев жарыя кылынбаган сапар менен келип кетти.

Текебаевдин текиреңи...

Кыргызстандын саясий майданында узап бараткан жумада олуттуу кыймыл-аракеттер байкалган жок. Бирок президент Курманбек Бакиев бир айдан ашуун убактан бери бош келаткан Мамлекеттик коопсуздук жана коргонуу боюнча кеңешчисин дайындады. Бул орунга башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев келди. Ал эми башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп юстиция министри Нурлан Турсункулов дайындалды. Бул акыркы кадрдык дайындоолор Курманбек Бакиев ыңкылапчыл пикирлештерин Акүйдөн толук алыстатканын көрсөттү. Ошону менен президенттин акыркы чечимдерин сындаган, бирок ага чейин ысыгына күйүп, суугуна чыдап келген Адахан Мадумаров Акүйдөн четтетилди. ..

Кыргыз оппозициясынын лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев болсо узап бараткан жумада түштүк регионду кыдырып, партиясынын активисттери менен жолугушуулар өткөрдү.Текебаев ошондой эле Кыргызстанда солчул күчтөрдү бириктирүү аракети уланып жатканын ачыктады:

- Бул багытта иштер жүрүп жатат. Социал-демократиялык партия жана башка солчул багыттагы коомдук уюмдар, өкмөттүк эмес уюмдар менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Менин оюмча, өкмөттүн тариф саясатына каршылык акцияларын жүргүзүүдө келечектеги конфедерациянын формасы жана анын катышуучулары аныкталып калышы мүмкүн.


Ал ошондой эле оппозициялык Коомдук палатанын жыйыны 15-декабрга чейин чакырылып, анда тариф саясаты караларын кошумчалады.”Ата Мекен” партиясынын лидеринин айтымында, өкмөттүн тариф саясатына эл каршы чыкса, аны оппозициячыл күчтөр колдоого, уюштуруу жагынан жардам берүүгө даяр.

Ал эми бийликтеги “Ак жол” фракциянын мүчөсү Ажибай Калмаматов оппозиция элдин колдоосун алалбайт деген пикирде:

- Эми беш жылдан бери оппозиция кичинекей чамынды болсо да ошого жабышып, шылтоо таап көрүп жатышат. Оппозициянын ал-абалын кечээки шайлоодо көрдүк. 2005-жылдан бери, 2007-жылда көрдүк. 2009-жылдагы шайлоодо көрдүк. Башка аракеттерин көрдүк. 2005-жылдан 2007-жылга чейин кетсин дегенден башканы айткан жок. Ал аркада калды. Эми башка нерсени ойлоп чыгышар.

Ошентип, оппозициянын туусун көтөрүүгө аракет жасаган Өмүрбек Текебаев түштүктү кыдырып келди.Ал жана анын пикирлештери элдин толкуну менен гана бийликтин саясатына таасир эте алаарын жазбай баамдап турат. Эл болсо тарифтер көтөрүлүшүн айыптап, бирок январдан кийин үйлөрүнө келе турган жаңы төлөмдөрдү күтүп жаткандай...

Үч канат: уча алар бекен?

Кыргыз элинин ичара ынтымагын бекемдөөгө багытталган «Үч канат» демилгеси тууралуу көпчүлүктүн түшүнүгү дээрлик жок. Бул маселе "Азаттыктын" "Бетме-бет" талкуусунда козголду.

Оң, сол, ичкилик уруулар биримдигинен куралган жаңы түзүм коомдук таасирин күчөтүп, ушу тапта жер-жерлерде уруулардын чоң жыйындарын өткөрүүдө. Жаңы демилгенин башында тургандар унутта калчу уруулуктун туусу элди биримдикке алып келеринен күмөн санашпайт. Уруулук биримдиктин иш башчылары генерал Кеңешбек Дүйшөбаев, «Таза коом» партиясынын негиздөөчүсү Абдусалам Жолдошев, журналист Кадыр Кошалиев «Азаттыктын» бүгүнкү «Бетме-бет» талкуусунун коноктору.

- Түптүү журттун түбүн бекемдеп, канткенде түндүк-түштүк, батыш-чыгыш бөлүнүшүнөн кутулабыз суроосу социализм заманында эле козголуп, бирок ал тилек канчалык ишке ашканын эгемендиктин жылдары ачыкка чыгарып койду. “Кокту-колот психологиясы” бул заманда аябай оожалды. Кеңешбек мырза, жаңыдан түзүлүп жаткан оң, сол, ичикилик уруулар биримдиги ошол “кокту-колот психологиясын” жандантуунун аракети эмеспи.

Кеңешбек Дүйшөбаев: - Жок, андай эмес! Түндүк – түштүк, акаевчил же бакиевчил, болбосо кайсы бир партия же бейөкмөт уюмга кирип бөлүнүп-талануунун үстүндө болуп жатабыз. Антип бөлүнүүдөн, команда-команда болуп ажыроодон кантип арылабыз, элибизди кантип ынтымакка алып келебиз, мамлекетти кантип оңойбуз деген ой ар бир кыргыздын жүрөгүндө орноп турса керек. Артыбызга карап ата-бабаларыбыз элибиздин биримдигин кантип сактап келген деген суроого абай салсак эле баары ачыкка чыга келет. 6 миң жыл ичинде элибиз эмнелерди гана башынан өткөрбөдү. Канча кыйынчылык, тоскоолдорго карабастан элибиздин бүтүндүгү сакталып калган. Азыркы глобалдашкан дүйнөдө кыргыздын жок болуп кетүү коркунучу турат. Миллиондогон жаштарыбыз чет жерде бирөөлөрдүн жумушун кылып, өз жеринде иштей албай жүрүшөт. Биз феодалдык-архаикалык заманга элди сүйрөбөйбүз. Азыркы конституциялык формалардын негизинде эле иштейбиз. Кыргыздын кырк уруусу биримдиктүү болсо, үч канаттын ынтымагы бекем болсо элибиздин ынтымагы, ички биримдиги чың болот.

- Элдин биримдиги деп бирок урууларга кайра бөлүп жатпайбызбы. Абдысалам мырза, бул элдин ынтымагына доо кетирип, ажырымды чоңойтуп ийбейби?

Абдысалам Жолдошев:
- Кокту-колот психологиясы деп атпайсыңбы. 20 жылдан бери ошол күчөп келатат. Ынтымактын дарысы же формуласы биримдик болуп атпайбы. Биз ошону айтып жатабыз. Бул жерде бөлүнүү-жарылуу, бийлик талашуу жок. Кеп келечек жөнүндө болуп жатат. Кыргыз мамлекетинин күчтүү, цивилизацияга кошула турган жолдорунун бири ушул.

- Кадыр мырза, уруулук аркылуу биригүүнүн опуртал жагы да бар. Уруулук сезим менен ойноочулук отту тутантып ийбейби? Болбосо уруулар урушпай-талашпай, мамыр-жумур жашап калабы?

Кадыр Кошалиев:
- Ар бир улуттун өзүнүн тагдыры, келечекке басар жолу болот. “Кырк уруу кызырлуу журт” кыргыз да ошондой татаал жолду басып өткөн. 40 деген кыргызда кадырлуу сан. “Кыркы чыгыптыр”, “кырк чоро” , “кырк чилтен” жана башкалар. Кыргыз да кырк уруудан турат. Элестүү айтканда бул уруулар түндүктү тиреп турган касиеттүү калк. Түндүк - кыргыз улуту. 6 миң жыл кантип ал өзүн-өзү сактап келди? Башка элдер жок болуп кетсе да кыргыздардын чабылып-чачылганына карабай биримдикте келиши мына ушул уруулар ынтымагына байланыштуу. Кийинки 200 жыл ичинде уруучулук өткөндүн саркындысы, калдыгы деп жерилип келгенде да сакталып калды. Ынтымак элдин жүрөгүндө, кан-жанында сакталып келди. Бул жерде эл катары, этнос катары кантип сакталып кала алабыз, деген сөз болуп жатат. Аны өткөнгө байланыштыруу, артка тартуу деп айтпаш керек. Эл айкөл, кенен болот экен. Уруучулук, тууганчылык аркылуу биригүүнүн жолун издебесек глобалдык дүйнөдө жашообуз кыйын. Ата-бабабыздан келаткан коом түзүү тажрыйбасына кайтуу демилгеси көтөрүлүүдө. Коомдук-саясий түзүлүш, экономикалык чарба жүргүзүү, руханий идеологиялык негиздер мамыр-жумур келгенде гана өлкө жакшы өнүгөт.

- Кеңешбек мырза, эл арасында болуп атабыз деп жатасыздар. Ошол элдин баары эле сиздерди текши колдоп жатабы же буга ишенбегендер да барбы?

Кеңешбек Дүйшөбаев: - Сиз кыргыздын үч канатка бөлүнүшү ичара ынтымакка доо кетирбейби, деп сурабадыңызбы. Антпейт. Биздин максат - элди ынтымакка чакыруу, биримдикке алып келүү. Албетте, уруу-урууга кайрадан ажыроо бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн деген коркунуч бар. Эгер ушул үч канатты бириктиребиз деп бийликтин камчысын чапсак бөлүнүп кетишибиз мүмкүн. Анан да үч канатты оппозицияга кошуп, митинг-пикетке чыксак ал да чачыроого алып барышы мүмкүн. Экөөнө тең кошулбай саясаттан тышкары иш алып бара турган болсок, ошондо гана ишибизден натыйжа чыгышы мүмкүн. Азыр эл аралап көп жүрүп жатабыз. Уруулар чогулуштарына, жолугушууларга катышып жатабыз. Биз менен сүйлөшкөн 10 адамдын тогузу бизди колдоп, онунчусу ишенбей жатканы деле чын. Анан элдин нааразылыгы да болуп жатпайбы. Жарык баасы, жылуулук акысы көтөрүлүп, көпчүлүктүн нааразы болгондору көп. Мына журналисттерди кысымга алып жатышат. Чындыкты кайдан издейбиз, жашоо-турмуш качан оңолот, деген эле ой. Биздин ишибизде кемчиликтер, тоскоолдуктар бар. Ал кандай тоскоолдуктар? Падышалык Орусиядан баштап уруучулдук дайыма сындалып, четке кагылып келатат. Совет кезинде деле ошол мамиле сакталды. Мунун баары биздин элибиздин мүнөзүн биртоп өзгөртүп койду. Жаштардын арасында маңкуртчулкту жоюу биртоп тоскоолдорго учурап жатат.

- Абдысалам мырза, азчылыктар маселеси кандай болууда? Кыргызстанда башка улут өкүлдөрү да арбын жашайт эмеспи.

Абдысалам Жолдошев: - Биз негизги калкпыз. Биз ынтымак болсок алар да ынтымак болот. Башка улуттарга жакшы шарт түзүлгөн. Алардын курултайлары өтүп жатат. Патриот кыргыз үчүн бул туура иш деп ойлойм. Чет өлкөгө көп бардым. Мисалы, Түркия дегенде жанын берүүгө даяр адамдарды көрдүм. Кытайлар болсо дүйнө жүзүндө кытай, анан башка элдер бар деп эсептешет экен. Ошолорду көрүп бизде да кыргызды көтөрө турган патриоттор болушу керек, ошол учур келди деп ойлоп калдым. Эгемен элбиз, бизге эми эч ким жолтоо болбойт. Кыргыз урууларын күчөтүшүбүз керек. Ошого жетилдик.

- Кадыр мырза, сиздердин демилге колдоо таап, бийлик уруулук негизде түзүлө турган болсо башчылыкка келген адам өзүнүн туугандарын жанына чогултуп алуу коркунучу бар. Же андай эмеспи?

Кадыр Кошалиев: - Азыркы бийлик реформалоону баштап ийбедиби. Биз да өз сунуштарыбызды берип жатабыз. Туура, кыргыздын кан-жанына жакын жаңы форманы сунуш кылып жатабыз. Элдик курултай буга чейин эле жашап келген. Эгер ал Конституцияга кирип калса үч канат кыргыздын таянычы болот. Төртүнчү канат Кыргызстанда жашаган башка элдин өкүлдөрүнөн куралышы деле мүмкүн. Ал эми кадрдык маселе, “өз уруумдан короомо кочкор салам” деген коркунуч бар. Биз муну көбүрөөк ойлонгонбуз. Жаңы нерсени ойлоп чыккан жокпуз. Бул табигый нерсе, ата-бабанын жолу. Ушул идеяны көтөргөн адамдар буга жоопкер. Бийлик да, эл да ушул идеяны көтөрсөк кыргыз үчүн чоң кызмат кылып бере алат.

- Кеңешбек мырза, сизге чоң ырахмат! Алыста жүрүп убакты-саатыңызды бөлүп талкууга катышып бердиңиз! Урматтуу студиянын коноктору, ишиңиздерге ийгилик болсун!

Эл эртеңине тынчсызданууда

“Эл үнү” берүүсүнө телефон чалган угармандар Кыргызстанга өлүм жазасын киргизүүгө каршылыктарын айтышып, кадр саясаты туура эмес жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

“Эл үнү”программасына кайрылган угармандар Кыргызстанга өлүм жазасын кайрадан киргизүүгө каршы экендиктерин, Президент Курманбек Бакиев кадр саясатын начар жүргүзүп жатканын, электр жана жылуулукка тарифтердин көтөрүлүшү элдин жашоо шартына терс таасирин тийгизерин айтышууда.
11-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясы “Өлүм жазасынан баш тартуу боюнча эл аралык пакттын экинчи факультативдик протоколуна кошулуу жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, фракциянын көпчүлүк мүчөлөрү Кыргызстанга өлүм жазасын кайра кайтарууну жактаган.

Коммунисттер фракциясы дагы Кыргызстанда өлүм жазасын калыбына келтирүү жөнүндө мыйзам долбоорун даярдап жаткандыгы мурда маалымдалган. Мындай аракет Коопсуздук кеңешинин сентябрдагы аппарат жыйынында ошол кездеги катчы Адахан Мадумаров менен Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Мурат Суталиновдун өлүм жазасын калыбына келтирүүнү жактаарын билдиришкенден кийин башталган. Ал эми Кыргызстандын акыйкатчысы жана жергиликтүү укук коргоочулар мындай демилгени кескин сындап чыгышкан болчу.

“Бата” руханий изилдөө борборунун директору Кадыр Кошалиев дагы Кыргызстанга өлүм жазасынын киргизилишине каршы.


- Өлүм жазасын Кыргызстанда кайра калыбына келтирүү демилгеси көтөрүлүп жатканына мен караманча-каршымын. Деги эле өлүм жазасын киргизүүнүн ордуна билим берүү, тарбиялоо системасын оңдоо керек, деңгээлин көтөрүү керек. Адамды жазалоо менен эмес, тарбиялоо жолу аркылуу адамдык касиетин, адамдык улуу затын кайрадан калыбына келтирүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүү зарыл. Ошондо улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов агайыбыздын “Канткенде адам уулу – адам болот?”- деген тбөлүкүтүү суроосуна жооп берген болот элек.

"Эл үнүнө" кайрылган Бишкектин тургуну Гүлайым Кожалиева 54 жаштагы жолдошу Данил Саданбеков 30-октябрда кечки саат алтылар чамасында ак түстөгү “Фольсваген-пассат” жеке автоунаасы менен жүргүнчүлөрдү ташып, такси кылам деп чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгонун билдирди. Анын айтымында, башына каран күн түшүп турганда Улуттук телерадиокомпаниясына жолдошун издөөгө кулактандыруу бергени барып, көңүлү “үч көчкөн журттай” калган.

-Жолдошум дайынсыз жоголгондон кийин издөөгө кулактандыруу берүү үчүн УТРКга барганбыз. Милиция тосуп эч кимиси менен жолуктурбай же чакырып бербей убара кылды. “Кайдасың” программасына арыз жазгыла дегенинен ага арыз жазсак, ал бир жумадан кийин жообун берет экен. Анан коммерциялык каналдан кулактандыруу берилет дегенинен барсак, ал жерде бир минутасына 3480 сом экен. “Эгер мен суткасына төрт беш жолу берсек кандай болот? Десем, беш жолу берсеңиз ар бирине 348 сомдон төлөйсүз”, дешти. Мен ар бир суткада 17 миң сом төлөп издөөгө реклама бергенге деле мүмкүнчүлүгүм жок. Эмне кылаарды билбейбиз. УТРК элдик телевидение дегенинен үмүт артып бардык эле. Карапайым элдин арыз-муңуна, кайгысына жардам берүүнүн ордуна тескерисинче акча төлөгүлө деп айлабызды кетирди.

Ал эми Улуттук телерадиокомпаниясынан ар кандай кулактандыруу жана жарнаамалар коммерциялык негизде экендигин билдиришти.

“Азаттыктын” угарманы, “Коррупцияга каршы” кыймылдын жетекчиси Назарбек Нышанов болсо кадр саясаты начар жүргүзүлүп жатканын айтып, жогорку бийлик секисинде отургандар элдин, мамлекеттин келечегин ойлобой эле жеке керт баштарынын камын жеп калды деген пикирде.

-Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок”,- деген накыл кеп бар кыргызда. Азыркы өлкө башчысы ушул накыл кепти эсинен чыгарып, айланасына жакын туугандарын, балдарын топтоп, жогорку кызматтарды берип жатканы жакшы жышаана эмес. Мурдагы экс-президент Аскар Акаев дагы бала-бакырасын, балдыздарын парламентке депутат кылам деп элдин каарына калып, аягында өлкөдөн куулуп тынды. Азыркы бийлик ушуну эстеринен чыгарышпасы керек эле. Азыр кыргыздын мыкты уул-кыздары чет өлкөлөргө же бизнес чөйрөсүнө кетип, кыргыз бийлиги мыкты адисттер, мыкты кадрлардан аксап турат. Биздин өнүкпөй жатканыбыз дагы профессионал кадрлардын жоктугунан улам болуп жатат. Бийлик өтө эле коррупциялашып кетти. Анан дагы Кыргызстанда жаңыдан телчигип келаткан демократия муунтулуп, авторитардык система тоталитардык режимге өттү. Мунун арты жакшылык менен бүтпөйт деген ойдомун.

“Эл үнү” программасына кайрылгандардын көпчүлүгү электр кубатына жана жылуулукка тарифтердин кымбатташы элдин турмуш шартына терс таасир тийгизерин да айтышууда. “Азаттыктын” угарманы Өндүрүш Токтоназаров электрге жана жылуулукка тарифтердин кескин жогорулашына каршы парламенттин СДП фракциясынын чечимин толук колдой тургандыгын айтты.

Электр кубатына баанын жогорулашына Талас облусунун тургундары дагы тынчсызданууларын билдиришип, анын кесепетинен күндөлүк турмушка керектүү нерселердин бардыгы кымбаттай тургандыктарын белгилешүүдө.

Электрге жана жылуулука бааны көтөрүү демилгечиси премьер-министр Данияр Үсөнов атуулдарга өкмөт тарабынан каржылык жардам көрсөтүлүп, тарифтердин кымбатташы менен элдин жашоосуна оорчулук келбейт деп эсептейт.

Ошентип өкмөт келерки жылы электрге жана жылуулукка бааны көтөрүп, тамтыгы чыгып, эскирген электр тармагын заманбап жабдыктар менен жабдып, үзгүлтүксүз электр энергиясын беребиз деп турган чакта, Жогорку Кеңештин Коммунисттер фракциясынан депутат Анаш Сейитказиев 29-декабрда “Түндүкэлектр” “Чыгышэлектр”, ”Жалал-Абадэлектр”, “Ошэлектр” ишканалары сатыкка коюлуп конкурс жарыяланарын айтты.

Мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул Бакиров болсо өнүктүрүү коруна кайсы ишканалардын акцияларды берүү боюнча өкмөт чечим кабыл ала электигин билдирди.

Мухиттин ары жагынан

АКШ конгрессинде Борбор Азия боюнча такай иштөөчү кеңешме ачылды. Ооганстандагы кырдаал курчуп, энергетика каатчылыгы калкып чыкканы Батыштын чөлкөмгө кызыгуусу артууда.

Экономика менен коопсуздукту коштой жүрчү геосаясий кызыкчылыктын кайрадан Борбор Азияга бурулушунун дагы бир себеби Кытайга байланыштуу чыгууда.

Ушу тапта Кошмо Штаттарда утурумдук жашап жүргөн парламенттин социал-демократиялык фракциясынын мурдагы жетекчиси Бакыт Бешимовдун ырасташынча, президент Барак Обаманын алдында жеке бийлигин орнотуп алган Борбор Азия өкүмдарлары менен кандай мамиле жүргүзүү милдети турат. Жалаң экономикалык кызыкчылыкка басым жасалса чөлкөмдөгү толгон-токой адам укугун бузуулар менен демократияга кайчы келген аракеттерге көз жумуп коюу керек. Азырынча демократиялык баалуулуктарды баарынан жогору койгон өлкөлөр өзүмчүл режимдерге таасир көрсөтүүнүн мүмкүн болгон жолдорун колдоно бериш зарылдыгын айтышууда.

Дүйнөлүк экономикалык кризистин капшабы Борбор Азия өлкөлөрүн четтеп кеткен жок. Эл аралык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлү Жеймс Макхюнун ырасташынча, каржылык кризис банк системасын козгой албады.

- Анын үстүнө Кыргызстан чөлкөмдөгү өнөктөштөрүнөн, тактап айтканда, Орусиядан ири өлчөмдөгү кредит алууга жетишти. Мындай көмөк жакшы таяныч, кризис капшабынан сактоого чоң өбөлгө болуп бере алат.

Түркмөнстандын экономикалык абалынын кандайлыгы Батыш өлкөлөрү эмес, жанындагы коңшуларына деле беймаалым. Өзбекстандын экономикалык кризис маалында дурус дегидей макроэкономикалык көрсөткүчтөргө жетишкендиги чоң ишенич туудурбайт. Энергетикалык ресурстарынын эсебинен дүйнөдөгү атаандаштыкка бекем туруштук бере алчу 50 өлкөнүн катарына кошулуу милдетин алдына койгон Казакстандын утурумдук дымагы басылып, каржы базарын кантип калыбына келтирүүнүн амалын таппай турган кези.

Ооганстандагы кырдаалдын кескин курчуп кетиши Кыргызстандан АКШнын “Манас” аба майданындагы аскер аба базасын чыгарууга байланышкан мыйзамдык жөрөлгөлөргө туш келип, жыйынтыгы ошол эле аба майданында Транзиттик борбордун ачылышы менен бышыкталды. Кошмо Штаттары экинчи мөөнөткө шайланган Кыргызстан президентинин демократиялык өлкө жосунуна дегеле коошпогон тенденцияга көз жуумп койду. Аны парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Роза Отунбаева ачык эле айтты.

- Борбор Азияда биринчи болуп башка президенттерден озунуп бул ишти К. Бакиев жасады. Калгандары элдик көзөмөлдүн катуу сынынан өтүшкөн. Алар буга батына албай турушат. Иш жүзүндө эки министрлер кабинети түзүлдү.

Р. Отунбаева ушу тапта жогорку бийликте Бакиевдердин бешөө отурганын, антип үстөл кучактаган президенттин жакын урук-туугандарынын саны арбын экенин белгиледи. Иши кылып, саясий кызыкчылыктын каржылык колдоосуна айланган жаңы келишим негизинде кыргыз-америкалык экономикалык алака-катышты жакшыртуу, ортолук байланыштарды кеңейтүү маселеси келип чыкты.

Кошмо Штаттардын соода министрлигинин Кавказ жана Борбордук Азия департаментинин жетекчиси Даника Старкстын айтуусунда, ортолук экономикалык карым-катышты күчөтүүгө тоскоол болчу жагдайлар биртоп.

- Бул өлкөлөр ортосунда соода жүргүзүү өтөле кымбатка турат. Анткени буюмдарды ташып жеткирүүнүн чыгымдары көп. Анан да байланыш жагы да кыйын. Кошмо Штаттарда Кыргызстанды анча билишпейт. Анан да америкалык компаниялардын Кыргызстанда кантип ишкердик кылуу жөнүндөгү түшүнүктөрү да чектүү.

Ошентип географиялык чен-өлчөм, ортолуктун алыстыгы экономикалык тыгыз карым-катыштын жанданышына салакасын тийгизүүдө. “Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” демекчи Борбор Азия өлкөлөрүнүн өзгөчө ынак өнөктөшү катары азырынча Орусия менен Кытай гана калууда. Борбор Азиядан чыккан газ менен мунай түтүктөрү Кытайга ташылып, ал жактан адам колунан чыккан буюм-тайымдын текши баары келүүдө. Мындайда демократия менен адам укугунун бузулушу, коррупциянын болуп көрбөгөндөй чайлап-коолап кетиши жайында кеп болбой, жалаң экономикалык ийгиликтер саналып каларын Борбор Азия республикаларынын соңку тажрыйбасы тастыктоодо.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG