Линктер

шейшемби, 23-июль, 2019 Бишкек убактысы 21:45

Кыргызстан

Орусия берген акчаны шайлоо “жеп" коюшу мүмкүнбү?

Орусиядан келчү 150 млн. доллар каражат кечээ Улуттук Банкка түштү. Бул акчанын кандай максатта жумшалары азырынча белгисиз. Коомчулукта мындай чоң өлчөмдөгү каражат президенттик шайлоого жумшалуусу ыктымал деген тынчсыздануу жок эмес.

31-март күнү каржы министрлигинин Улуттук Банктагы эсебине 150 млн. доллар келип түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” каржы министринин орун басары, казыначылыктын башчысы Саид Зулпуев билдирди.

Быйылкы жылдын 3-февралында Москвада кол коюлган эки тараптуу келишимге ылайык, грант түрүндө берилип жаткан бул акча Кыргызстандын мамлекеттик бюджетин колдоо үчүн жумшалууга тийиш. Кыргыз-орус келишими боюнча Орусия Кыргызстанга дагы 300 млн. доллар каражатты жеңилдетилген насыя катары берет. Бул каражат дагы жакынкы күндөрү Кыргызстанга келип түшөрү айтылууда. Орусиядан алынган грант жана насыя түрдө берилүүчү акча ишкерликти колдоого жана жаңы жумуш орундарын ачуу үчүн жумшаларын мамлекет башчы Курманбек Бакиев 30-мартта инвестициялык кеңештин жыйынында да билдирди.

Ага чейин президент Орусиядан алынуучу каражат атайын түзүлүүчү Өнүктүрүү Фонду аркылуу жумшаларын, ал эми Фонддун ишине оппозиция менен жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган көзөмөл кеңеши көз саларын айткан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин мындай көзөмөл кеңеши түзүлө элек.

Ошентсе да бүгүнкү күндө коомчулукта Орусиядан алынып жаткан акча түздөн-түз бийликти чыңдоого, башкача айтканда быйыл жайында боло турган президенттик шайлоого жумшалат, деген пикирлер арбын. Анткени мындай сырттан келген каражаттын максаттуу жумшалуусуна көзөмөл кыла турган башкы бийлик бутагы - парламент бүгүн бийликтин көзүн карап отурат, дешет мындай пикир ээлери.

БЭКтин мүчөсү, “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы Темир Сариев 6 млрд. сом өлчөмүндөгү акча мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана колдонулат деп эч ким кепилдик бере албайт, деп эсептейт:

- Бул бюджеттин киреше жагынын бештен бир бөлүгүн түзөт. Бул өтө чоң акча. Бирок бүгүнкү бийликтин алсыздыгынан бул акча туура эмес колдонулуп кетүүсү мүмкүн. Анткени бул акчаны колдонуу боюнча өкмөттүн ачык, айкын, таза программасы жок. Эң өкүнүчтүүсү ушул.

Темир Сариевдин айтуусунда, мамлекетке ар түрдүү жолдор менен келип жаткан акча эле эмес, мамлекеттик бюджеттин кандайча жумшалып жатканы азыр белгисиз:

- Мамлекеттик акчаны колдонуу боюнча көп суроолор бар. Мына чоң-чоң акчалар түшүп, бөлүнүп атат, алар канчалык максаттуу колдонулуп жатат, биз билбейбиз. Ошол эле АКШдан келип жаткан, грант катары ар түрдүү тармактарга келип жаткан акчалар, салык түрүндө экономиканын өзүнөн түшүп аткан каражаттын баары кайда кетип атканы белгисиз. Себеби бюджеттин 30 пайызы туура эмес колдонулат, уурдалат, тонолот, таланат.

Орусиядан келген каражат шайлоодогу жеке Бакиевдин жеңишин камсыздоого сарпталбаса да, жалпы шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү үчүн жумшалуусу толук ыктымал. Анткени азыр өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүүгө чоң акча жок, дейт саясат талдоочу Токтогул Какчекеев. Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча 23-июлга белгиленген шайлоону өткөрүүгө зарыл делип аткан 572 млн. сом бюджетте каралган эмес:

- Шайлоонун өзүн жүргүзүүгө жумшалуусу толук ыктымал. Анткени президенттик шайлоо өткөрүү - өтө чоң каражатты, түйшүктү талап кылары баарыбызга белгилүү.

Он беш жылдан ашык эгемендик убакытта Кыргызстан 2 млрд. доллардан ашуун тышкы карызды мойнуна илди. Бүгүнкү күнү мына ошол акча кайда кетти, эмне максатта жумшалды, деген суроо көбүнчө жоопсуз калып келет.

Бул жолу да ошондой болбосу үчүн Орусиядан берилип жаткан грант жана насыя акчаларды социалдык турак-жай курууга жумшоо жакшы болмок, деген пикирин ЖКнын акжолчу депутаты Бейшенбек Абдырасаков “Азаттыкка” билдирди:

-300 млн. доллар насыя акчаны жана 150 млн. доллар грант түрүндө бериле турган акчаны кошо эле улуттук долбоор –“Социалдык турак-жай” долбооруна жумшалса, деген сунуш киргизгем. Мен эсептеп чыктым, ар бир квартирага 25 миң доллардан жумшалганда бир жылда 20 миң квартира курулат. Он жыл курсак 200 миң үй курулат. Бул деген өзүнчө бир чоң шаар. Казактар он жылда Астананы тургузгандай эле, биз дагы он жылда бир чоң шаар тургузуп коймокпуз.

Бейшенбек Абдырасаков Орусиядан берилип жаткан акчанын максаттуу жумшалуусуна коомдук көзөмөл болушу керек, деп эсептейт.

Адистер болсо жалпы дүйнө жүзү каржылык кризистин каатчылыгын тартып жаткан убакта Орусиядан келген грант жана насыя акча мамлекеттин өсүшү, элдин жакшы жашоосу үчүн жумшалуусу өтө чоң мааниге ээ деп белгилешет. Анткени алардын айтуусунда, быйылкы жыл Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң сыноо жылы болот.

Каныбек Осмоналиев: Медреселер мыйзамсыз иштешет

Кыргызстанда “Диний билим берүү мекемелери жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип жатат. Дин агенттигинин жетекчиси Каныбек Осмоналиев анын зарылдыгын көптөн бери эле айтып келет. Анткени жумурияттагы 60ка жакын медресе менен башка конфессиялардын мектептеринин ишин жөнгө салган мыйзам жок.

Каныбек Осмоналиев: - Мыйзам долбоорун сунуштоодогу башкы эле максатыбыз диний билим берүү мекемелеринин алдында мамлекеттин жоопкерчилигин аткаруу. Бул диний мекемелер азырынча укуктук макамы белгисиз эле иштеп жүрүшөт. Алардын ишмердүүлүгүн укуктук негизде бекитип берүү – мамлекеттин милдети.

Төрөкул Дооров: - Демек, азырынча алар мыйзамсыз иштеп жатышабы?

Каныбек Осмоналиев: - Мен расмий түрдө “алар мыйзамсыз иштеп жатышат” деп билдире алам.

Төрөкул Дооров: - Ислам университети дагы мыйзамсыз иштейби?

Каныбек Осмоналиев: - Биринчиден, Ислам университетинин эч кандай лицензиясы жок. Ал жерде билим алган канчалаган жаштардын диплому эч нерсеге жараксыз болуп жатат. Биздин мыйзамдык базага ылайык, тигил же бул ишмердүүлүк менен шугулданган адамдар лицензия алышы керек. Демек, ансыз иштөө мыйзамды бузууга жатат. Экинчиден, билим берүүдө алардын эч кандай стандарты жок. Окуу планы муфтиятта гана бекитилген. Мунун кесепетин ошол жерде билим алып, азыр эми жумушка орношо албай жүргөн жаштар сезип жатышат. Окуу жайдын ректору баш болуп, азыр аларда эч кандай укугу жок экенин айтышууда. Мындай болбошу үчүн алар Билим берүү министрлигинин стандартын өздөрүнө ылайыкташтырып, аны кабыл алса, министрлик лицензия берет. Андан ары аттестациядан өтүшөт. Ошондо гана окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик үлгүдөгү дипломду ала алышат.

Төрөкул Дооров: - Бирок сиздердин агенттик сунуштап жаткан мыйзам долбоору бир гана Ислам университети жөнүндө эмес, туурабы?

Каныбек Осмоналиев: - Ооба. Бүгүн өлкө боюнча 60 жакын медресе бар. Алардын ичинде өзүн “медресе” деп атап алып, мечиттин ичинде эле билим берип жаткандар да кездешет. Алар акча иштеп калуу максатында эле ачыла коюшкан. Тогуз ислам институту бар. Бизде ушу тапта мындай иштерге “өзгөчө шыгы, таланты бар кишилердин армиясы” пайда болду. Ачыгын айтканда, алар мыйзамды да, мусулманчылыктын негизги баалуулуктарын да тоготушпайт. Аларды акча гана кызыктырат. Ошондуктан биз азыр бул мыйзам долбоорун сунуштап, анда ошол окуу жайлардын укуктарын эле эмес, милдеттерин да так көрсөтөлү деп жатабыз. Медреседе жаштар эртеден кечке Куранды жаттап, хадистерди окугандан башка эч нерсени билишпейт. Себеби, андай шартты медресенин директору түзүп берген эмес. Аларда окугандар - айрым экстремисттик, реакциялык күчтөрдүн даяр чийки материалы. Аларды өлкөдө ишмердигине тыйуу салынган күчтөр ар кандай максатта колдоно беришет.

Төрөкул Дооров: - Мыйзам азыр кайсыл стадияда иштелип жатат жана качан парламентте добушка коюлушу мүмкүн?

Каныбек Осмоналиев: - Мыйзамдын долбоорун биздин агенттик түзүп, бир ай мурун Коопсуздук кеңешинин катчылыгына бергенбиз. Андан ары Юстиция жана Билим берүү министрликтерине берилди. Алардан сунуш-пикирлер айтылды. Долбоордун тийиштүү жерлерин оңдоп, биз кайра бир эле күндө ошол эки министрликке бердик. 23-мартта ойлорун сурап, 15 министрликке мыйзамдын долбоорун жибергенбиз. Алардын пикирлерин алгандан кийин, биз долбоорду жалпы мамлекеттик, эларалык деңгээлде талкууга коюп, андан соң Жогорку Кеңештин кароосуна жиберебиз. Мунун баарына бир жылга жакын убакыт кетет. “Диний билим берүүчү мекемелер жөнүндө” мыйзамды КМШ аймагында алгачкы ирет Кыргызстан жазып жатат. Андыктан ал сөзсүз маалымат каражаттары аркылуу жалпы коомчулуктун этибарына сунуш этилет.

Эл каттоо: Элдин саны менен турак-жайдын кандай байланышы бар?

Учурда Кыргызстанда жүрүп жаткан эл каттоонун жүрүшү боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Улуттук статистика комитетинин төрагасы Орозмат Абдыкалыков жооп берди.

- 24-мартта башталган эл каттоо аяктаганы турат. Каттоонун алгачкы көрсөткүчтөрү кандай болуп жатат?

- Каттоо биз мурда белгилеген эреже боюнча эле өтүп жатат. Кечээки 31-мартты кошпогонубузда 3 млн. 978 миң 500 киши азыр каттоодон өттү. Бул белгиленген адамдардын 74,7 пайызы деп айтсак болот. Калган 3 күндө каттоону бүтүп калабыз деген ойдобуз. Анан дагы 3 күн тактоого бизге убакыт бөлүнгөн. Ошол 3 күндө тактап, бүткөрөбүз.

- Канча эл каттоочу иштеп жатат жана алар маалыматты так жыйнап жатат деген ишеним барбы?

- Эл каттоочулардын саны 13 миң 412 киши. Биз аларды абдан жакшы эле окуудан өткөргөнбүз, аракет кылып. Азыр дагы эл каттоо жүрүп атканда чыккан суроолорго таянып, аларга корректировка берип турабыз. Суроолор деле татаал эмес, так эле маалымат жыйналат деген ойдобуз.

- 1999-жылы жүргүзүлгөн эл каттоодо улуттун тили жөнүндө маалымат жыйналган эмес деп тилчи окумуштуулар тынчсызданган эле. Бул жолу жарандардын сүйлөгөн тили, улуту жөнүндө маалымат так жыйналып жатабы? Себеби кечээ “Азаттыктын” кабарчысына Аравандын түрк улутундагы тургундары кайрылышкан экен да, эл каттоочулар аларды өзбек деп жаздырып жатканы тууралуу...

- Ошондой учурду мен дагы кечээ угуп калдым. Азыр биздин кызматкерлер аны тактап атат. Биз суранганбыз, жооп берип аткан адам өзү айтыш керек улутун. Биз паспортунда эмне деп жазылган, паспортуңду көрсөт дебейбиз. Өзү кайсы улуттамын десе, ошол жазылат. Тил боюнча маалымат топтолуп атат, эне тили кайсы жана кошумча кайсы тилдерди билесиз деген суроо.

- Бул жолку каттоонун башкы өзгөчөлүгү турак-жайды дагы каттоо болуп жатпайбы. Көпчүлүк тургундарды мына ушул жагдай да бушайманга салып жатат. Укук коргоочулар да айтып жатат, бул жеке адамдын жеке менчик маселесине кийлигишүүсү деп баалап жатышат. Ошон үчүн турак-жайды катоого алуунун максаты тууралуу да маалымат бере кетсеңиз?

- Мунун негизги эле максаты - биздин мамлекетте өткөн акыркы жылдарда турак-жай куруу алдыңкы темпте кетип атпайбы, жылдан-жылга темп өсүп атат, элибиздин саны да өсүп атат. Мамлекет билиш керек канча турак-жай бар, кайсы жерде бар. Муну пландап, программа түзгөнгө ошол маалыматтар керек. Мен ойлойм, жеке адамдын турмушуна киришкен эч нерсе жок. Анын баары эле белгилүү да. Биздин ал жерде жашыруун, башка максаттарга койгон суроолор жок. Жөн гана турак-жай курууну пландаштыруу үчүн гана коюлган суроолор. Мисал үчүн жалпы аянты, жашоо аянты, материалы эмнеден, кайсы жылы курулган, сейсмикалык туруктуулугу, үйүндө, канализация, суу, борборлоштурулган жылуулук барбы, ушул эле суроолор. Бул суроолордун көпчүлүгү өткөндөгү эл каттоодо деле турак-жай шартына байланышкан суроолор болгон.

- Эл каттоо, элдин саны менен турак-жайдын ортосунда кандай байланыш бар?

- Байланыш мурда СССР убагында деле белгиленчү, санитардык норма деп коет, ар бир адамга мынча аянт керек, мындан кем болбосун деген санитардык норма бар эле да, азыр деле бизде ошондой нормалар коюлуш керек да, элдерди камсыз кылыш керек турак-жай менен. Ошон үчүн турак-жайды мындан ары куруунун пландаштыруу гана маселеси. Башка бул жерде эч нерсе жок. Эл кооптонуп атат дейт. Бул маалыматтар эч жака берилбейт, эч жакта колдонулбайт, жеке маалыматтар. Ага мыйзам боюнча тыюу салынган. Аны жарыя кылган кишилер жоопко тартылат. Биз жыйынтыкты район, шаар, облустар боюнча гана чыгарабыз.

- Акыркы жыйынтыгы качан чыгат?

- Акыркы жыйынтыгы 1-2 айда чыгат го, чоң жумуш да. Анын баарын райондордон алып келишибиз керек, компьютерге киргизишибиз керек дегенедей...

- Маегиңизге рахмат.

Куудул Борончунун “Азаттыктагы” азил-тамашасы

1-апрель - күлкү күнүнө карата “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна куудул Борончу Кудайбергенов жооп берди.

- 1-апрель - күлкү күнү айрыкча сиздей элге жылмаюу тартуулап жүргөн адамдар үчүн өзгөчө болсо керек. Бүгүн кандай маанай жана кандай максат менен ойгондуңуз?

- Бул майрамды күлкү күнү деп майрам кылып алып атпайбызбы, негизи мусулманчылыкта бул майрамды майрамдабайт, себеби бири-бирине калп айткан күн болуп эсептелинип калат. Бирок күлкү жагын алып көрө турган болсок, бири-бирибиздин көңүлүбүздү көтөрө турган күн катары дагы кабыл алсак болот. Бир мамлекетте адамдар узак жашашат экен, 150 жашка чейин чыгат экен асты. Эмне себептен булар көп жашайт экен деп изилдеп көргөн болсо, көрсө алар бүгүнкү биздин 1-апрель күлкү күнүндөй эле, ар бир адам биринчи жолуккан адамына сөзсүз жылмая турган сөз айтуу салт экен.

Бир адам эртеден кечке чейин көп адамга жолугушу мүмкүн да, ошентип ар бир адам бири-бирине жолуккан сайын күлкүлүү нерселерди айтат экен да, адамдар дайыма көңүлдүү жүрүшөт экен, өмүрү дагы узун болот экен. Күлкү ден-соолуктун мүлкү дегени көңүл көтөрүнкү болуп жүргөндө пайда болот экен. Бизде болсо эртең менен туруп күлдүрүп койгондун ордуна, таңатпай чалып, “кайдасың, сени милиция издеп жүрөт го” деп айтат. Ошону менен көңүлүң түшөт дагы, өмүр да кыскарат.

-1-апрель күлкү күнү деп эмне үчүн аталып калганын билесизби?

- Эмне себептен күлкү күнү деп калганын толук билбейт экемин. Бирок мен бала кезде биз калпычы күн катары деп билчүбүз. Ленинди бирөөлөр кармап алган экен, сен Ленинсиңби десе, жок мен Ленин эмесмин деп алдап кеткен экен, ошондон баштап бул алдоо күнү деген тарбияда бизди тарбиялаган.

- Азыр куудулдар юморго көп көңүл буруп калдыңар, сатира дегенге тиш өтпөй калгансыйт. Куудулдар коомдогу жат көрүнүштү, мамлекеттик кызматчылардын алдым-жуттумдугун сатиранын тили менен куйкалап турса өнүгүү болот да. Эмне үчүн бир жактуулук, акча табуу үчүн гана күлдүрүү аракети күчөп баратат?

- Бир жактуулук деген туура эмес болсо керек. Себеби биз Рахман Разыковдун “Ар бир айдын алтысында” деп жаңы долбоор менен иштеп чыгып атабыз. Ал жерде концертти көрсөңүз, баардык темалар бар. Ал жерде биздин максатыбыз бир айдын ичинде, гезитте, радиодон күнүгө сиздер жаңылыктарды айтып турган болсоңуздар, биз бир айдын ичинде кандай жанылыктар болсо ошонун терс жактарын күлкү, тамаша аркылуу айтып турабыз деген максат менен иштеп атабыз.

- Борончу мырза, биздин угармандарга, азыркы учурга байланыштуу күлкүлүү анекдот, же окуя тууралуу кыскача айтып күлдүрө кетпейсизби?

- Азыркы боло турган концертте саясий жагын алсак, Абдылда Иманкулов аксакалды Рахман Разыков экөөбүз кармап келебиз дагы, ал кишини жоопко тартабыз, эмне себептен мени жоопко тартып атасыңар десе, түтөтүлгөн илгерки мылтык сизге караштуубу, бул кимдики эле десек, бул чоң атамдын чоң атасынын чоң атасынан калган мылтык, анда сиздин мылтыгыңыз экен десе, ооба менин мылтыгым дейт.

Муну сизден башка ким алып колдонушу мүмкүн десек, муну эч ким албайт, менден башка эч ким колдонбойт дейт.

Анан биз эгерде сизден бөлөк эч ким пайдаланбай турган болсо, “Манас” авиабазасындагы Ивановду ушул мылтыктан атылды деген жыйынтык чыгып атат, ошол себептен сизди кармап атабыз дегендей жооп айтабыз да.

Биздин саясий тамашаларыбызды алып көрсөк, ушул сыяктуу.

Бир адамдын бетине “сен акмак экенсиң” деп айтсаң ал таарынып калышы мүмкүн. Ал эми тамашынын жолу ошондо, тамаша аркылуу айта турган болсоң, түзмө-түз кабыл албастан, кетирген кемчилигинин үстүнөн ойлонууга аракет кылат.

- Маегиңизге рахмат.

Өмүрбек Текебаев президенттик такты талашпайт

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик кызматты талашып ат салышпай турган болду. Бул жөнүндө аталган партиянын саясий кеңеши башка партиялар менен кеңешип көрүп, бүгүн ушундай чечим кабыл алды. Текебаевдин жакын саясий шериктери оппозициялык күчтөрдү бириктирүү үчүн ушундай чечкиндүү кадамдар керек болгонун белгилешүүдө.

Өмүрбек Текебаевдин президенттик шайлоого катышуудан баш тартканын “Азаттыкка” “Ата Мекен” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов ырастады.

- Партиянын саясий кеңеши башка партиялар менен кеңешип көрүп, оппозициялык күчтөрдүн биримдигин чыңдоо үчүн ушундай чечимге келдик. Себеби Текебаевдин бүгүнкү күндөгү рейтинги эң жогору, бирок ошого карабастан азыркы кырдаалдын талабы ушундай болуп жатат. Оппозиция бир күч болуп биригиши талапка ылайык болуп турат. Оппозицияны бириктирүү үчүн ушундай чечкиндүү кадамдар керек болду,- деди Алмамбет Шыкмаматов.

Өмүрбек Текебаев өзүнүн чечими жөнүндө эки-үч күн аралыгында атайын билдирүү менен эл-журтка кайрылат.

Бириккен оппозиция президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер менен чыгарын жарыя кылып, бирок кимди туу кылып көтөрүп чыгарын сыр кылып айтпай келатат.

Ысык-Көл: Алмалуу багбандын баяны

“Азаттык плюс” апта темасынын (“Жаз жарыш!”) алкагында кыргызстандык жаш фермерлердин баянын сунуштайт. Алгач Ысык-Көлдөгү багбандын баянын угуп көрүңүз (сайттын оң жак капталда).

Ысык-Көл облусунун курорттук районунда жер иштетүүгө анча маани берилбей келатат. Биринчиден, жер кумдак келип, сууну көп талап кылат. Ага көп күч жумшаш керек. Экинчиден, көл жээгине жакын айылдагылар, жер иштеткенге караганда, туристтерге кызмат көрсөтүүнү киреше табуунун оңой жолу деп эсептешет. Ошентсе да, жаш фермер Алмаз Ташматов таштак жерди өздөштүрүп, башкаларга өрнөк болууда.

Президенттин жаңылануу багыты

Президент К.Бакиевдин “Жаңылануу багытындагы” эң башкы идея кыргыз улутунун айланасында башка улуттарды бириктирип жаңы саясий улут түзүү жана жаңыча башкаруу. Мындай түшүндүрмөнү президенттик катчылыктын өкүлү С.Жумагулов “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди.

-Султан мырза, кечээ пезиденттин басма сөз кызматы мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин 24-марттагы кайрылуусу же жаңылануу багытынын толук текстин жарыя кылды. Ал көлөмдүү багытта карапайым калк толук түшүнө бербеген жаңы түшүнүктөр менен терминдер көп экен. Жаңы түшүнүктөрдү киргизүүнүн зарылдыгы эмнеден пайда болду жана багыттын кандай жаңычыл идеялары бар?

-Бул жерде эң биринчи жаңычылдык-президент азыркы жагдайда учурдагы идеология жана башкаруу менен мындан ары иштөөгө болбостугун түшүнүү менен жаңы багытты, дүйнөлүк жаңы тажрыйбаларды кыргыз кыртышына киргизүү идеологиясын сунуш кылып жаткандыгында. Багыттын негизги идеясы мына ушунда.

Ал эми жаңы түшүнүктөргө келсек, дүйнө азыр глобалдашып, жаңы түшүнүктөр, жаңы тажрыйбалар бардык өлкөлөргө жетип жатат. Ошонун ичинде жаңы саясий, маданий, идеологиялык тажрыйбалар жайылып жатат. Ошол себептен бизге дагы жаңы түшүнүктөр менен терминдер кирип жатат. Ага катуу таң калуунун кереги жок.

Себеби кыргыз калкы дүйнөлүк коммуникациядан четте калбай бардык тажрыйбаларды кабыл алууга мезгил жетти. Мисалы үчүн өткөн кылымдын 70-80-жылдары кибернетика, ЭВМ сыяктуу түшүнүктөрдү абдан таң калуу менен кабыл алчубуз. Азыр да дүйнөлүк глобалдашуу шартында ушундай жаңы түшүнүктөр, жаңы терминдер, ой чабыттары, ой жоруулар келип жатат.

Аларды мына ошондой зарылдыктан пайда болуп жатат деп кабыл алуу керек. Бул жаңы түшүнүктөр адегенде адамдарга бир аз оңтойсуздукту түзүшү мүмкүн. Бирок кыргыз коому жаңы түшүнүктөрдү бара-бара акырындык менен кабыл алат деп ишенем.

-Президент бул багыт “коомдук ой жүгүртүүнүн куралы болушун каалайм” деп жатат. Албетте, багытта айтылган ойлордун көбү олуттуу жана зарыл. Бирок андай негиздер Конституцияда, мыйзамдарда мурда эле салынган да. Президенттин бул багыты чын эле жаңыланууга түрткү береби? Себеби аны ишке ашыруу механизмдери бүдөмүк. Багыт кантип, качан ишке ашат деген ойдосуздар?

-Багытта бул 10-15 жылда ишке аша турган, алдыга сереп ташталган стратегиялык багыт деп жазылып турат. Президент негизги белестерди белгилеп көрсөттү. Анан бул коомдук акылдын, ой чабытынын үзүрү болуп калышы керек деп айтылып жатат. Анан президент багыттын аягында коомчулукка, бардык саясий күчтөргө негизги контурларды белгиледим, эми мындан ары сунуштарды, толуктоолорду күтөм деп кайрылып жатат.

Анткени бул багытты президент өзү жалгыз ишке ашырбайт да. Ошон үчүн багыттын ичиндеги жоболордо багытты ишке ашыруу үчүн коомдун бардык күчтөрү, анын ичинде ар кандай мүдөөлөрдү, кызыкчылыктарды көздөгөн күчтөрдү бириктирүү идеясы камтылган.

Андан тышкары кыргыз маданиятынын негизинде улуттук кызыкчылык, Кыргызстандын эгемендигин мындан ары чыңдоо, мамлекеттин жаңы саясий улутун калыптандыруу деген орчундуу ойлордун тегерегинде алдыга жылалы, алга илгерилейли деген сунушту киргизип жатат. Демек коомдук дегенден кийин президент бардык күчтөргө өзү сунуштаган багыттын тегерегинде биригип, мындан ары алга кетпейлиби деген чакырыкты таштап жатат.

-Ушул багытта Кыргызстанда саясий улут түзүү идеясы айтылыптыр. Аны кандай түшүнөбүз жана саясий улут кантип түзүлөт? Бул СССР мезгилиндеги улутуна карабай СССР деген жалпы элди түзүү идеясына окшошуп кеткен жери жокпу?

-Андай окшоштуктар бар. Бирок саясий улут деген эл аралык термин. Андай түшүнүк башка өлкөлөрдө эбак эле орун алган. Мисалы үчүн Американын улуту деген бар. Ал жакка ар кайсы мамлекеттен барган улуттар биригип алып Американын улутун түзгөн.

Ошондуктан бул багыттын жоболорунда уюткулуу кыргыз улутунун тегерегинде башка улуттардын “мен кыргызстандыкмын” деп мамлекеттик башкарууга бардык улуттардын катышуусу аркылуу жалпы кызыкчылыкты көздөгөн улутту түзүү жөнүндө сөз жүрүп жатат. Демек мамлекеттик башкарууга бардык улуттардын катышуусу саясий улут деген түшүнүктү пайда кылат.

-Демек бул жерде бардык улуттардын башын бириктирип турган идея эмне болот?

-Ал азыркы идеология, азыркы башкаруу менен мындан ары жашоо болбой калды, башкача жол менен бирге алдыга жылып, жаңылануу жолуна түшүү деген идея.

-Маегиңиз үчүн рахмат!

Сабировдор оштук ишкерлерди 300 миң долларга күйгүздүбү?

Ошто он беш чакты ишкер Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Даврон жана анын уулу Умар Сабировдорду 300 миң долларга алдап кеткен деп айыптоодо. Бизнесмендер бийликке кайрылып, чукул арада аласасын өндүрүүгө көмөктөшүүнү жана Сабировдорду жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда. Сабировдордун жактоочусу өз кезегинде айтылган дооматтарды четке кагууда.

Оштук ишкерлер маалымат жыйынында билдиришкендей, 15 чакты тың жигит биригип, Түштүк Кореяга каттап, машина бизнес менен шугулданчу. 2007-жылы Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Даврон Сабиров уулу Умар экөөлөп кыргыз-корей «NATARE TRADE» биргелешкен ишканасын уюштуруп, жергиликтүү тажрыйбалуу бизнесмендерди тыгыз кызматтташууга тартышкан.

Ишкерлердин бири Ахмол Насыровдун айтымында, «NATARE TRADE» ишканасынын ортомчулугу менен кесиптештери түштүк кореялык «Вужинг» фирмасы аркылуу чет өлкөлүк өндүрүштөгү автоунааларды Кыргызстанга ташып турушкан.

Бирок ишенимге кирген Умар Сабиров акчаларды алдын ала топтогону менен былтыр 16 контейнерге жүктөлгөн 100дөн ашуун машинени ээлерине жеткирбестен ара жолдо калтырган.

Мурунку депутаттын уулу бажы жыйымдарын төлөбөгөндүгү үчүн жүктөр азырга чейин Кытайдын Кинжади бекетинде кармалууда. Ошол себептүү жабырланган тарап каржы полициясына кайрылгандыктан, окуяга тиешеси бар деп күмөндөлгөн Умар Сабировдун жана Хурматулла Кожомбердиевдин үстүнөн кылмыш иши козголуп, камакка алынган:

- Кореянын «NATARE TRADE» компаниясы менен келишим түзүп, экс депутат Давран Сабиров жана баласы фирма ачышкан. Кореяга барып иштедик, 2008-жылдын август айынан баштап машине жүктөдүк. Бир жылдан бери эч контейнер келген жок. Баласы СИЗОдо отуруп, бир айга подпискага чыккан. Элдин акчасын төлөп берем деген, бирок төлөгөн жок. Үйдү кредитке коюп, акча процентке алганбыз, биз өтө кыйналып кеттик, -деп Ахмол Насыров Умар Сабировдун айынан он беш чакты ишкер үй-жайынан, ошондой эле башка мүлктөрүнөн ажыраганы тургандыгын да ырастады.

Маалымат жыйынын катышуучусу Дилмурат Розиевдин эсебинде «NATARE TRADE» ишканасы бизнесмендерди жалпы жонунан 300 миң АКШ долларына күйгүзүп олтурат:

- Биз бул кишилер менен оозэки келишимдин негизинде иштеп жүргөнбүз. Абиров Кумаржан, Кожомберди Курматулла деген кишилер биз мындай бизнес ишкана ачкан эмеспиз, тиешебиз жок деп жатышат. Эгерде андай болсо, бизнес ачкан эмес болсо эмне себептен 140 миң доллар төлөп жатат.

Ишкер Дилмурат Розиев кесиптештери тергөө калыс жүрбөгөндүктөн массалык маалымат каражаттары аркылуу бийликке Кайрылуу жолдоп жатышкандыгын билдирди. Оштук бизнесмендер Президент Бакиевге, Жогорку Кеңеш төрагасы Тагаевге, Өкмөт башчысы Чудиновго Кайрылуусунда чукул арада алдагандардан аласаларын өндүрүүгө көмөктөшүүнү жана мурунку парламентарий Даврон Сабировду өзбектердин Ош облустук коомунун төрагалыгынан четтетүүнү талап кылышкан.

Кеп бутасына айланган Умар Сабировду таппай, анын жактоочусу Бахадыр Расаходжаевди сөзгө тартканыбызда, ишкерлердин дооматын четке какты:

- Күнөөсү бардыгы жөнүндө мойнуна албай атат. Давран Сабировдун контейнерлерди жибергенге, келишине эч кандай тиешеси жок.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Даврон Сабировго жолукканыбызда, оштук бизнесмендендин айткандарын жалган жалаа катары баалады.

- Майда ишкерлерди шыкактагандардын артында түштүк кореялык «NATARE TRADE» жана «Вужинг» ишканаларынын жетекчилери турушат. Жанагы он беш кишинин машиналары эбак колуна тийген. Тескерисинче, алар мага карыз. Ушундай жол менен корейлер жана оштук ишкерлер суйлөшүп алып уулум Умар аркылуу менден ири өлчөмдөгү акча өндүрүүгө аракеттенишүүдө, -
деди Даврон Сабиров.

Ал эми каржы полициясынын түштүк башкармалыгынан «Азаттыкка» маалымдашынча, Умар Сабиров жана Хурматулла Кожомбердиев Кылмыш-жаза Кодексинин 166-беренеси боюнча алдамчылык кылгандыгы үчүн айыпталууда. Учурда Умар Сабиров мамлекетке 33 миң доллар салык төлөгөндүктөн, ошондой эле Жогорку Кеңештин алты депутатынын кепилдиги менен баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, убактылуу эч жакка жылбай Ош шаарында жашоосун улантууда.

Көлдүк дыйкандар алма-өрүк өтпөй калат деп санаага батууда

Ысык-Көлдөгү дыйкандар Казакстандын кризиске тушукканы алма- өрүктөрүн сатууга да кедергисин тийгизет деп кооптонууда.

Ысык-Көл районундагы “Кессеңир” булуңунда Гүлмира Шаршеева аттуу дыйкан алма- өрүк, шабдаалы сатып, алардын көчөттөрүн да өстүрөт. Шабдаалысынын эле бир жылды түшүмү 20 тоннага жеткен. Бирок аларды сатуу да, сактоо да азырынча көйгөй боюнча турат.

Биз барган убакта Гүлмира Шаршееванын жолдошу Конокаалы багбан шабдаалы багынын түбүн жумшартып атыптыр. Келгенибизди көрүп кетменин баласына берип, тосуп алды. Багбан бул бактарды 20 жыл мурда тиккенин айтып, алманын түрлөрүнө токтолду:

- Бул эми Талгарка, Крипсон, Превосход деген алмалар. Жакшы, даамдуу алмалар. 30 жылдан ашык мөмө берет . Бир гана жакшы караш керек да, убагында бутап, жумшартып.

Бул жерде бийиктиги эки метрден ашпаган “карликовый” деген алма багы бар экен, анын артыкчылыгы - бою кыска болгондуктан мөмөсүн жыйноо оңой экен. Бирок бир гектар таштак жерди насыя албай өздөштүрүү түйшүктүү болгонун Гүлмира Шаршеева төмөнкүчө сыпаттады:

-15 сантиметрден кийин эле кум-таш. Көлдөгу жакшы жерлерге эгин айдалып, таш жерлер эле калган, колубуз менен терип өздөштүргөнбүз. Кайын эле болгон.

Гүлмира өстүргөнүн сата албай калабыз деп бушайман болуп атканын да жашырган жок:

- Биздин 1 жылдык түшум 20 тоннага жетти. Мурда казактар менен орустар муздаткычы бар чоң машиналары менен алып кетчү. Эми алардан дайын жок, кантип сатабыз билбейм. Башка элдерде деле ушул санаа.

Гүлмира Шаршееванын кооптонгону Казакстан менен Орусиядагы өнөктөштөрү эмгиче кабарлашпаганы. Анткени жылда бул маалда эс алууга келгенде келишим түзүүнү убадалашчу. Непаадам, элдин алма өрүгү убагында өтпөй калса аны сактоо да мүмкүн эмес, анткени Гүлмиранын мамлекеттик сарай ачуу сунушун жергиликтүү бийликке айтып келаткан менен чечилбей атыптыр.

Ысык-Көл облустук айыл чарба башкармасынын өкүлү Ж.Байсейитов элдин өндүргөн продукцияларын алып кетүү боюнча 25- мартта Алма-Ата шаарына барганы жатышканын билдирди:

- Ал жерден келишим түзөбүз, балким чек арага жакын жерге атайын базар да ачылышы мүмкүн. Анткени быйыл Түп-Кеген жолу оңдолуп атпайбы. Буюрса эл кыйналбайт.

Быйыл көлдүк дыйкандар көп чыгаша болуп, айдаган буудайларын мамлекет сатып алабыз деп албай койгондон кийин, эми алма-өрүгүн сатууну да азыртан караштыра баштады. Анткени облустун айыл чарба башкармасынын айткандарына көпчүлүк ынанбай атат. Ошентип бул үй-бүлө алмадан чыгаша болсо, киреше табуунун дагы бир жолуна ыктап атат. Учурда шабдаалы алмалардын көчөттөрүн да өздөштүрүүнү күчөтүп атат. Анын кандай жол менен өсүп чыкканын багбан Конокаалы чечмелеп берди:

- Бул көчөттөр алма, алмурут, шабадаалынан жапайы уругунан эле өсүп чыкты. Жапайылар тез уруктанат, сабын кесип отургузуудан көчөт болбойт. 4 жылда араң жарым метр болот.

Багбандын айтымында, алмурут, шабдаалы жана алманын уругун күзүндө гана себүү керек. Бирок акыркы эки жылда жер кыртышы кургап кеткендиктен, көчөттөр да жакшы бой ала албай атыптыр.

Жаштык жигер качан алга жирейт?

Кыргызстанда партиялардын жаштар канаты партия ичинде маанилүү чечимдердин кабыл алынышына таасир эте албайт. Мындай тыянак “Кебел” жаштар кыймылынын иликтөөсүндө дайын болду.

31-мартта “Кебел” жаштар кыймылы Кыргызстандагы саясий партиялар жана андагы жаштардын орду тууралуу талкуу уюштурду. Аталган кыймылдын мүчөсү Артур Букалаев бул жаатта жүргүзгөн иликтөөсүн сунуштады. Натыйжада партиялардын жаштар канаты маанилүү чечимдердин кабыл алынышына таасир эте албаганы, орду бош экени, бирок эгер өздөрү каалап, демилге көтөрсө абалды оңдой алаары маалым болгон.

- Кыргызстандагы саясий партиялардын жаштар канаты техникалык гана мүнөзгө ээ болуп, чечимдерди кабыл алууда эч таасир эте албайт. Адатта жаш канаттардын өкүлдөрү ар кандай жыйындарга, талкууларга, трeнингдерге катышат. Бирок партиялардын негизги ишине тартылышпайт. Жаш канат өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү алардын ишенимине дал келбесе да көп учурда партияга мүчөлүк менен гана чектелет. Мындай көрүнүш Кыргызстандагы партиялардын басымдуу бөлүгүндө байкалат.

Мындай иликтөөгө жигердүү иштеген жети партия тартылып, жаш мүчөлөрү арасында сурамжылоо жүргөн. Он суроодон турган анкетаны “Жашылдар”, “Жаңы Кыргызстан”, “Ата Мекен”, “СДПК”, “Замандаш”, “Ак Шумкар” жана “Кыргызстан коммунисттери” партияларынын жаштары толтурушкан. Партиянын позициясы жана программасы тууралуу суроо боюнча жаш канат өкүлдөрүнүн кыйласынын партиянын саясий туруму тууралуу терең түшүнүгү жоктугу аныктfлды дейт эксперт Артур Букалаев. “Ата Мекен” партиясынын жаш канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев жогоруда айтылган тыянактар, тилекке каршы ачуу чындык деп моюнга алды.

-Жаштар канаты болгондон кийин чечимдерди чыгарууда кошулуп, кандайдыр бир демилгелерди иштеп чыгып болгон аракеттерди кылабыз. Бирок толук кандуу катышабыз деп айтуудан мен алысмын.

Ал эми бийликчил “Ак Жол” партиясында жаштар канаты менен кырдаал кичине башкачараак өндүү. Маселен, аталган партиянын жаштар канатынын координатору Рустам Юсуповдун билдиришинче партиянын жаштар канатына арткан үмүтү абдан чоң. Ошол себертүү бизге өзгөчө маани берилет дейт ал.

-Негизи чечимдерди кабыл алууда “Ак жол” партиясынын жаштар канаты катышат деп айтууга толук мүмкүн. Себеби партиянын саясий кеңешинде жаштардан өкүлдөр бар. Анан, албетте партиянын жогорку органы болуп саналган саясий кеңештеги өкүлдөрүбүз аркылуу биз өзүбүздүн сунуш ойлорубузду билдиребиз.

Деген менен жаш саясат таануучу Мирсулжан Намазалиев өлкөнүн чоң саясатында жаштар курал катары гана колдонулушу салтка айланган көрүнүш деген пикирде. Анын айтымында кандайдыр максатка жетиш үчүн жаштардын башын айлантып жетелеп кетүү оңойураак болгондуктан, айрым саясий партиялар аларды курал катары колдонушат.

-Биринчи эле жагдай, бул жаш канаттар саясаттын обьектисиби же субъектисиби? Дегеним, саясатты алар жаратабы же алар саясаттын арасында пайда болгон элементпи? Менин оюмча тилекке каршы бул экинчиси. Себеби алар эч кандай саясат жаратып көрө элек. Өзгөчө бул бийлик партияларында иштеген жаштарга тиешелүү. Себеби дегенде алар тарабынан дискотека коюу, желектерди көтөрүп алып ары-бери жүгүрүп өзүнүн саясий партиясын же саясий лидерин алга сүрөгөндөн тышкаркы иштерди чындыгында көргөн жокмун. Демек, жаштар дагы эле саясий курал катары колдонулуп келе жатат деген ойдомун.

Айыл чарбасына жаңыча көз караш керек

Кыргызстанда айыл чарба техникасы тартыш

Айыл чарбасын өнүктүрүү максатында акыркы жылдары “Комплекстүү өнүгүүнүн негиздери”, “Дыйкан чарбаларын кооперативдештирүү” сыяктуу программалар иштеген. Бирок бул жаатта жаңы технологиялар дээрлик колдонулбай, жаңыча ыкмалар ишке киригизилбей жатканы айтылууда.

Кубан Абдрасулов азыр Кыргыз Агрардык университетинин үчүнчү курсунда окуп жатат. Башкача айтканда, келечектеги агроном. Ал азыр өнүкпөй жаткан кыргыз айыл-чарбасынын проблемаларын заманбап технологияларды колдонуу, мыкты адистерди тартуу аркылуу чечсе болот деп ишенет.

“Ирзаилде 1 гектар пахтага 3,5 миң кубометр суу пайдаланып, ар бир гектарынан 60 центнер пахта алышат. Ал эми Өзбекстан болсо бир гектар пахтага 16 миң кубметр же 4,5 эсеге көп суу сарптап, 19-20 центнерден түшүм алып келет. Бул жерде айырмачылык таза үрөөндүн тандалышы жана өз убагында жерге кам көрүлүп жаткандыгына байланыштуу болууда”, - дейт Кубан.

Жаздын алгачкы күндөрүнөн тарта талаа жумуштары менен алектенип, тиккен өсүмдүктөрү менен алпурушкан дыйкандар күз мезгилинде өндүргөн продукциясын кайда өткөрөөрүн билишпей калат, же арзан эле сатып жибергенге мажбур болгон учурлары көп кездешет. Түшүмдүүлүктүн аздыгынан талаа ээлеринин кирешеси да көңүл жылытпайт.

Кыргызстанда 1млн. 360миң гектар айдоо жери бар. Бул аянттан жыйылган продукция өлкө калкын толук камсыздай албай жатат. Ошондуктан Кыргызстанга азыктын бир нече түрү коңшу өлкөлөрдөн импорттолуп келет.

Кыргыз дыйкандарын заманбап технологиялардын жетишсиздиги аксатып келет. Өлкөдө бир гектар жерди төрт-беш дыйкан кетмен чаап, сугарып, карайт. Ал эми Европада 2 миң гектар аянтты 25 чакты жумушчу гана тейлөөгө жетишет. Бул жерде заманбап техника, жер семирткич жана үрөөн маселеси ортодогу айырмачылыкты жаратууда.

Айыл-чарба илиминин доктору, профессор Нурдин Карабаев дыйканчылыкты өнүктүрүүдө үч багыт боюнча иш алып баруу керек деген пикирде.

“Тракторлорду, айыл-чарба техникаларын чыгаруучу жана ремонттоочу завод керек. Ошондой эле минералдык жер-семирткичтерди чыгаруучу ишкана да керек. Мына ушул эки маселени чечпей туруп, майда дыйкан чарбаларына кетмен тырмоо карматып биз алдыга чыгабыз деген туура эмес маселе. Жеке ишкерлердин машине, трактордук станцияларды курабыз деген максаттары болсо, салык жагынын жеңилдик берип колдоо көрсөтүү керек”, - дейт профессор.

Негизи айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча мыкты программалар даярдалууда, бирок аны ишке ашыруу механизми жок, ошондуктан көзөмөл органдарында, парламентте дагы чыныгы дыйкандардын өкүлү болушу керек дейт дыйкандар партиясынын жетекчиси Эсенгул Исаков.

“Дыйкандар тарабынан 90-жылдары айтылган проблемалар азыркы маалда дагы актуалдуу. Талаа ээлери өз арабасын өзү сүйрөп келатат. Өкмөт тараптан дагы алгылыктуу жардам көрсөтүлүп, дыйкандарды жерди иштетүүгө окутуп заманбап техникаларды колдонсок деген ой. Бүгүнкү күндө айыл-чарбасы боюнча жакшы мыйзамдар жок болуп жатат. Ошондуктан айылдагы дыйкандардан дагы парламентке мүчө болушу абзел”, - дейт Эсенгул Исаков.

Кыргызстанда 300 миң чакты дыйкан чарбалары бар. Аларга негизинен күйүүчү май жана кредит тарабынан бир аз колдоолор болуп келатат. Бирок узак мөөнөткө кредиттик негизде заманбап техника, жакшы үрөөндөр, арзан жана сапаттуу жер семирткичтер берилбейт. Эң негизгиси - дыйкандарды окутуп, жер иштетүүнүн сырларын үйрөткөн эч ким жок.

Азыр агрономдукка окуп жаткан Кубан да кыргыз айыл-чарба тармагын жаңы технологиялардын жардамы менен гана өнүктүрүүгө болот деп ишенет.

“Биз окууна аяктагандан кийин агроном катары кооперативдерди түзүп, жаңы үрөөн жаңы технологияларды алып келип ошол тармактан иш жүргүзсөк деген ойдомун”.

Азаттык+: Жаз жарыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

Эрежесиз мушташ боюнча Кыргызстан чемпиондору аныкталды

Мелдеш үч күнгө созулуп, жаштар жана чоңдор арасында чемпиондор такталды. Жаштардан алтын медалды “Барс” клубунан Садыр Өмүраалы уулу жана “Муай-Тай” командасынан Амангелди Талант уулу алды.

Кыздар арасында да бир таймаш өтүп карабалталык Алина Карасартова жеңүүчү болду. Чоңдор арасында Жусупбек уулу Бекназар, Руслан Ниязакунов, Жумабек Исмаилов, Актилек Асанов, Максат Каракеев, Эльсиер Калыков жана Мурат Маматкаримов өз салмак категорияларында атаандаштарын жеңип чемпион наамын алды.

Кыргыз дзюдочулары Казакстандан ийгиликтүү кайтышты


Казакстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССРдин спорт чебери Батырбек Сейсенбаевдин элесине арналган 12чи турнирге кыргыз балбандары ийгиликтүү катышып келишти. Өлкө спортчулары бир алтын, бир күмүш жана үч коло байгеге татыктуу болушту.

Павлодар шаарында өткөн мелдешке Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Түркменстан жана Казакстандан 400 чакты спортчулар катышып мөөрөй талашты. Анда Ислам Баялинов алтын, Юрий Краковецкий күмүш, Алимбек Жусупов, Акрам Маразыков жана Елена Исакова коло байгеге татыктуу болушту.

Непалда Азия Футбол Конфедерациясынын Кубогунун тандап алуу турнири аяктады

С тобундагы таймашка Афганистан курамасы катышуудан баш тарткандыктан Кыргызстан, Непал жана Палестина футболчулары мөөрөй талашууда. Алгачкы оюн Непал менен Палестинанын ортосунда өтүп оюн 0:0 эсебинде аяктады. Экинчи беттешүү 28-мартта болуп Кыргызстан футболчулары Непал курамасы менен оюн талаасына чыкты. Мелдеш курч мүнөөздө өтүп, алгачкы таймда бир упай алдыга озгон гималай футболчуларынын дарбазасына экинчи бөлүктө кыргыз футболчусу Мирлан Мурзаев гол кийирип беттеш 1:1 эсебинде аяктаган.

Акыркы оюн 30-мартта өтүп Палестина менен Кыргызстандын оюну 1:1 упайында аяктады. Натыйжада Кыргызстан курамасы өз группасында биринчи орунга чыгып финалдык бөлүкө жолдомо алды. АФК турниринде чемпион наамына татыктуу болгон команда 2011-жылы Азия Кубогуна жолдомо алат.

Нигерия жана Түркменстан футболчулары Дордой-Динамонун катарында


Футбол боюнча Кыргызстандын беш жолку чемпиону “Дордой-Динамо” клубуна чет өлкөдөн эки оюнчу келип кошулду. Анын бири нигериялык коргоочу Майкл Ойесания ал эми экинчиси орусиялык дарбазачы Евгений Харисов. Майкл оң капталдагы коргоочу катары кыргыз клубунун талаптарына туура келгенин, ошондуктан эки жылдык келишим түзүлгөнүн Дордой-Динамонун машыктыруучусу Сергей Дворняков билдирди. Дарбазачы Харисов менен болсо үч жылдык келишимге кол койдулганын, себеби клубга жакшы дарбазачы керек болгонун айтты.

Азыркы тапта Дордой-Динамо командасы май айында Бишкекте өткөнү турган АФК президентинин кубугунун тандап алуу оюндарына даярдык көрүшүүдө. Команданын алдыдагы максаттарына клубдун вице-президенти Улукбек Салымбеков токтолду:

- Быйыл АФК президентинин кубогуна жакшы даярдыктабыз. Биринчиден Москва шаарында өткөн “Шериктештик” мелдешинде жакшы оюн көрсөттүк. Андан кийин биздин футболчулар Туркияга барып машыгуу жүргүзүштү. Ал жерден Орусиянын, Швейцариянын жана Украинанын клубдары менен жолдоштук беттешүүлөр болду. Жакында эле биздин клубга чет өлкөдөн эки спортчу келип кошулду. Азыр командабыз бир аз күчтөнүп калды. Менимче “Дордой-Динамо” командасы АФК мелдешине жакшы даярдыкта.

- Дордойдун бир оюнчусу Европанын клубуна кетти, деп айтылып жатат?


- Ооба, Азамат Байматов аттуу оюнчубуз Латвиянын “Винтспилс” клубуна азырынча жарым жылга кетти. Келишим дагы узарышы мүмкүн. “Винтспилс” командасы Латвиянын бир нече жолку чемпиону жана Европа биринчиликтерине катышып жүргөн команда. Ошондуктан биз бул оюнчубуздун ийгилигине сүйүнүп отурабыз.


- Трансфер жаатында “Дордой-Динамо” клубунун алдыдагы максаттары кандай?

- Азырынча биздин клуб андай чоң базарларга чыгып өз футболчуларын сата албайт. Бизде футбол Европанын деңгээлине жете элек. Ошондуктан биз бул бизнести келечектеги пландардын катарына коюп жатабыз. Азамат Байматовго окшогон мыкты футболчулар өсүп чыкса бул жөрөлгө өнүгүү жолуна түшөт деген үмүттөбүз.

Жамин Акималиев: Кыргызстан өзүн бага алмак...

2008-жылы Чүйдө дыйкандар кызылчаны өткөрө албай кыйналышкан.

Кыргызстан өз калкынын 90% азык-түлүк менен камсыз кылганга шарты бар. Ал үчүн мамлекет жергиликтүү дыйкандарга кам көрүп, аларды ишке кызыктырышы керек. Бул оюн айыл-чарба адиси, академик Жамин Акималиев “Азаттыкка” айтып берди.

Жамин Акималиев: - Былтыркы жылдын сабагын алып, быйыл күздүк буудай көбүрөөк жерге, 250 миң гектардын тегерегинде себилди. Күздүктүн акыбалы жакшы, жакында талаадан көрүп келдик. Эми калганы өзүбүздөн. Биринчиден, аны жакшылап багып, жер семирткич берип, суугарыш керек. Эгиндин камсыз кыла турган очогу ошол. Жазында да негизинен буудай жана арпаны 200 миң гектарга себүү керек. Бул иштер дээрлик башталды. Бул жерде үрөн маселеси кыйын болуп турат, өзгөчө, арпанын уругу жетпей жатат. Анын үстүнө Кыргызстан мал-чарбасына да жакын республика болгондуктан, элдин арпага болгон суроо-талабы жогору. Азык-түлүк коопсуздугу дегенде эт, сүт менен да камсыз кылыш керек да. Ал эми мал-чарбасы жем болбосо өнүгө албайт.

“Азаттык”: – Дыйкандарга насыя берүү маселеси дагы да болсо алдыга жылбай жаткандыгы айтылып келет?

Жамин Акималиев: - Насыя маселеси дагы деле чечилбей жатат. “Айыл банкы” буга чейин насыяны 22% үстөк менен берип жатышкан. Аны көпчүлүк дыйкандар көтөрө албайт. Быйыл ошол бөлүнгөн акча өз максатына пайдаланылып, учурунда банкка кайтарылса, үстөк пулдун 10% кайра дыйкандарга берилип жатат. Ошондо үстөк 12% төмөндөдү. Ошону пайдаланабыз деген дыйкандар көбөйдү.

“Азаттык”: – Өкмөт дыйкандарга кандай шарттарды түзүп бергени оң деп ойлойсуз?

Жамин Акималиев: - Өкмөт айыл-чарбасына жок дегенде жыл сайын 1 млрд. сом бөлүшү керек. Айыл-чарбасы болбосо жалпы экономика эч убакта алдыга жылбайт. Ошол себептүү бул тармакка жакшы көңүл буруп, каражат бөлүш керек. Азыр ундун 40%, жер-жемиштин 40%, өсүмдүк майынын 85% сырттан алынып келинет. Жанды күйгүзгөнү - өзүбүздө шарт туруп, быйыл кум шекер да 100% сырттан келгени турат. Бул - биздин өтө чоң кемчилигибиз. Ушулардын бардыгын өзүбүз өндүрүп эле, элибизди камсыз кылсак азык-түлүк арзан болмок. Мунун үстүнөн көп иштеш керек. Биринчиден, өзүбүздүн өндүрүүчүлөргө көңүл бурулбай, шарт түзүлбөй жатат. Мисалы, быйыл Казакстандан, Орусиядан 500 млн. сомго эгин ташып келдик. Эгер ошол акчаны мурдатан дыйкандарга берсек же алардын колунда турган буудайды жакшы баада сатып алсак, жер иштетүүгө кызыккандар да көп болмок. Бул жалпы мамлекеттин, өкмөттүн, Айыл-чарба министрлигинин кемчилиги деп ойлойм.

“Азаттык”: – Быйыл кант кызылчасынын маселеси кандай чечилгени турат?

Жамин Акималиев: - Абдан кыйын. Былтыр болгону сегиз гектар сээп, аны да өткөрө албай малга берип коюшту. Быйыл бир заводду иштетебиз деп жатышат, бирок ушул убакка чейин дыйкандар себе турган шарты жана келишими жок. Ошондуктан муну эртерээк колго албаса, быйыл да кум шекерсиз калабыз. Бирок өкмөт азыр ушунун үстүндө иштеп жатат, апрель айында чечилип калат го.

“Азаттык”: – Өткөн жылдары эгин көп жерге себилбей калган эле. Быйыл кандай болот?

Жамин Акималиев: - Жылда 135 миң гектарга эгин себилбей, пайдаланылбай кала турган болсо, быйыл 108 миң гектар деп айтылууда. Бирок бул деле биз үчүн көп. Жерди иштетүүгө дыйкандарды кызыктырыш керек. Өткөн жылы мактанып айткан менен, чындыгында, 700 миң тонна буудай өндүрүп калбадыкпы. Быйыл 900 миң тонна алууга шарт бар деп ойлойм.

“Азаттык”: - Айыл-чарба министрлигиндеги системанын жоктугун айтып жатасыз. Адис катары кандай реформаны сунуш кыласыз?

Жамин Акималиев: - Азыркы турумунда Айыл-чарба министрлиги эч убакта өзүн актай албайт. Реформанын негизги максаты - министрликтин ишин азыркы, чыныгы турмушка ылайыкташтыруу. Биринчиден, министрлик дыйкандардын мүдөөсүн көтөрүп, өкмөттөн, Жогорку Кеңештен алардын маселесин чечип туруш керек. Экинчиден, дыйкандарды тейлеш керек, ошолорго кызмат көрсөтүп, үрөн маселесин чечүү зарыл. Үчүнчүдөн, дыйкандарды техника менен камсыз кылыш керек. Дагы бир чоң маселе - майдаланган 200 майда чарбаларды ирилештирип, ага ылайыктап министрликтин структурасы түзүлүшү абзел. Азыр эскиче бойдон турат.

Бириңерден бириң эр, Президент болчу кимиңер?..

Оппозиция “Бакиевдерсиз шайлоо” деген ураан менен шайлоого баратат

“Ак жол” партиясы апрелдин он биринде курултай өткөзүп, Курманбек Бакиевди президенттикке талапкер катары көрсөткөн жатат. Ошондой эле ЭрК партиясынын саясий кеңеши да бүгүн жыйын куруп, шайлоого катышуу-катышпоо жөнүндө маселени чечүүдө. Бириккен оппозиция шайлоого бирдиктүү талапкер алып чыгарын билдирип, бирок аны атабай сыр кылып турат.

Президенттик шайлоого өз талапкерин көрсөтүү мүмкүнчүлүгү саясий партияларга 21-марттан тартып берилген. Бул аралыкта “Ар-Намыс” партиясы президенттик шайлоого катышпай тургандыгын расмий жарыялады. Арнамысчылар өлкөдөгү ансыз да кылтылдап турган саясий-экономикалык кырдаалды президенттик шайлоо дагы курчутуп, туруксуздуктарга алып келүүсү ыктымал, деп эсептешет.

Ал эми партиянын лидери Феликс Кулов мамлекеттеги стабилдүүлүктү сактоо максатында президенттик шайлоого барбай тургандыгын билдирди.

“Ак жол” партиясы болсо президенттикке азыркы мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин талапкерлигин көрсөтмөкчү. Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча 11-апрелге белгиленген курултайда партиянын бир жыл ичиндеги иштери боюнча отчет угулат, уставга өзгөртүү киргизилет жана эң негизгиси -президенттикке талапкер көрсөтүү болот.

Партиянын мүчөсү, ЖК депутаты Бегалы Наргозуев азыркы президент Курманбек Бакиев “Ак жол” партиясынын негиздөөчүсү болгон соң, курултайда бардык акжолчулар анын талапкерлигин колдоого алышат, деп ишенет.

Ушул сааттарда дагы бир саясий партия, ЭрК партиясынын саясий кеңеши жыйын өткөрүүдө. Партия лидери Турсунбай Бакир уулунун “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча бүгүнкү жыйында президенттик шайлоого катышуу же катышпоо маселеси талкууга алынат:

-Каражат боюнча, жер-жерлерге байкоочу, ишенимдүү адамдарды дайындоо маселелери тууралуу сүйлөшүүбүз керек. Жалпы өлкө боюнча 2500 шайлоо участогу бар. Эгер партиялаштар макул деп тапса, курултай чакырабыз.

ЭрК партиясы 1995-жылдан бери шайлоонун бардык түрлөрүнө катышып келе жатат. Турсунбай Бакир уулу 2005-жылы болгон президенттик шайлоодо бийликке атаандаш жалгыз партия болуп чыкканы үчүн добуш берүүнүн жыйынтыгы адилет чыгарылуусуна шарт түзө албаганын кошумчалады. Анын айтуусунда партия азыркы күндө да президенттик шайлоонун акыйкат болоруна көзү жетпей турат:

-2005-жылы алты талапкерден мен Бакиевден кийинки 2-орунду алдым. Бирок менден башка төрт талапкердин бири дагы шайлоо участокторуна байкоочуларды койгон жок. Берки төрт талапкердин адамдары Бишкектен башка эч бир жерде болгон жок, ошондуктан шайлоонун мыйзамдуу жүрүшүнө жакшы көзөмөл болгон жок.

Оппозициялык БЭК президенттик шайлоого бир талапкер алып чыгарын билдирген. Азырынча кыймылдагы лидерлердин бири, Элдик революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров президенттик шайлоого барбай турганын ачыктады. Ал эми БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү Темир Сариевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча кыймыл 15-апрелге чейин “Ата мекен”, СДП жана “Ак шумкар” саясий партияларынан бирдиктүү бир талапкер тандоону көздөөдө. Кыймылдын Улуттук кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Текебаев кыймыл азырынча бул ишке кирише электигин “Азаттыкка” маалымдады:

-Бир нече күндөн кийин карайбыз бул маселени. Алгач кыймылдан ким чыгарын чечип алып, кийинки курултай жана башка маселелерин уюштурабыз.

БЭКтин курамында учурда кылмыш иши козголуп, соттук териштирүүдө жүргөн оппозициялык лидерлер да бар. Алардын аракеттери кандай болору азырынча белгисиз. Айрым саясатчылар жалаң аттуу-баштуу оппозициячылардан куралган кыймылга президенттикке талапкер кылып бир кишини көрсөтүү оор болот деп боолголошууда. Саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде БЭК талапкерин түштүктөн көрсөтсө утушка ээ болушу ыктымал:

-Негизинен Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаевди салмактуу саясатчы катары кароого болот. Бирок бул жолу оппозиция түштүктөн талапкер алып чыкса, менимче утушка ээ болот. Анткени кырдаал ошондой. Эгер Текебаев чыкпай калса дагы, Бакыт Бешимовдун талапкерлиги каралышы мүмкүн.

Өткөн жума күнү оппозиция өткөргөн нааразылык иш-чарасы “Бакиевдерсиз шайлоо” деген ураан менен өтүп, анда бийликке 20-апрелге чейинки мөөнөт менен бир катар талаптар коюлду. Анын башында шайлоо жараянын таза өткөрүү максатында БШКнын, аймактык, участкалык шайлоо комиссия курамдарынын жарымын БЭКтин сунушу менен өзгөртүү, шайлоого басым болбошу үчүн бүт бардык күч структура жетекчилеринин жарымын оппозициялык күчтөрдүн сунушу менен дайындоо талабы турат.

Айрым саясатчылардын баамында оппозициянын мындай талабын аткарууга бийликтин эрки жетпейт, бул болсо шайлоо алдында жана добуш берүү мезгилинде өлкөдө саясий кырдаалдын кескин курчуп кетүүсүнө алып келиши ыктымал.

Өлкө башчылыгына ким татыктуу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00

Өкмөт кызыгы: Кризис күчөгөнү, салык арбын чогулууда

Кыргызстан экономикалык кризис түйшүгүнө батып, ири ишканалардын айрымдары токтоп турганда өкмөт болжогондон арбын салык жыйнады.

Салык жана жыйымдар мамлекеттик комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков быйылкы үч айдын ичинде 4 миллиард 751 миллион сом топтолгонун айтып, ушул кварталдын жыйынтыгы боюнча жаңы Салык кодекси талдоодон өтө тургандыгын маалымдады.

- Эмдиги жумадан баштап өкмөттө анализ башталат. Кандай кемчиликтери, жетишпестиктери бар? Салыктын кайсы түрү кандай аткарылышы керек? Мисалы, жергиликтүү бюджетке түшчү салыктардын азайышынын негизинде жергиликтүү бюджетке салык аз түшкөнү мына ушул 1-кварталда байкалды. Биз ошон үчүн кошумча-алымча болобу, кодексти жакшыртуу боюнча сунуштарды талдоодон кийин өкмөт президентке жөнөтөт. Керек болсо ал өзгөрүүлөр парламентке киргизилип, кодекс алымча-кошумчаланат.

А.Келдибеков бир жылга артка жылдырылган кыймылсыз мүлк салыгы эмдиги жылдын башынан тарта ишке киргизиле тургандыгын ырастады. Ушу тапта салыкчылар аны жер-жерлерде элге түшүндүрүшүүдө. Бул иш 1-ноябрга чейин аягына чыгышы керек. Жаңы салыктын жол-жобосун Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орунбасары Адылбек Касымалиев мындайча мүнөздөдү.

- 10% деле аз. Андай деле чыкпайт болуш керек. Алыскы айылдарды айтпай эле коелу, мынабу Бишкектин тегерегинде, Чүй өрөөнүндө болобу, Көл кылаасында болобу 2-3 кабат бышкан кыштан салынган чоң-чоң үйлөр бар. Ошолорго 300 – 400, 500 – 600, 1000 сом болушу мүмкүн.

А.Касымалиев экономикалык оорчулук ансыз деле белинен бекем басып олтурган ири ишканалар ээлеген мүлктөрдөн алынчу салык өлчөмү кайра каралышы мүмкүн экендигин кошумчалады. А.Келдибеков жаңы Салык кодексинде эркин экономикалык аймактардын өзгөчөлүгү эске алынбай калгандыгын, өкмөттүн капиталды амнистиялоо аракети парламент кошумчасынан ишке ашпай арабөк ташталгандыгын маалымдады.

Салык санаасынан да Кыргызстан экономикасы үчүн өзгөчө маанилүү булак - чет жердеги эмгек мигранттары жөнөтчү акча агымы быйыл кыйла басаңдай тургандыгы болжолдонууда.

- Анын өлчөмү өтөле чоң. Ал ички дүң продукттун 25% түзөт. Эми алар акча салбай коюшту деңиз, демек, болжол менен ошончолук эле өлчөмдө ИДП көлөмү төмөн түшөт. Себеп дегенде, анча акчага эч нерсе сата албай калабыз. Анан да буга биз эч кандай таасир көрсөтө албайбыз,- дейт “Инвестициялык тегерек үстөл” долбоорунун жетекчиси Равкат Хасанов.

Инвестициялык кеңештин кезектеги отурумунда орусиялык 450 миллион долларлык карыз акчасы жакын арада келе тургандыгы маалымдалган. Оңор эмес акча бюджет таңкыстыгын жабууга жумшалса коррупциянын “жемине” айланып кетерин айтып, президент К.Бакиев орус акчасын орто жана чакан бизнестин керегине жумшоо сунушун билдирди.

Анткен менен кысталыш кырдаалдан кантип чыгуу жөнүндө өкмөттүн айкын-ачык программасы жоктугуна бизнес өкүлдөрү камтама, деп билдирди Кыргыз фондулук биржасынын жетекчиси Нурбек Элебаев.

- Чындап келгенде бул кризиске каршы программа эмес. Программа кризис кезинде экономика кандай иштешин айкын-ачык көрсөткөн документ болушу керек эле. Кризис шартында өкмөт менен бизнестин биргелешкен аракети гана өлкө кризис учурунда кабылган дартка даба болушу мүмкүн.

Соода менен тейлөөгө көбүрөөк ыктаган кыргыз экономикасы жыл аягында буга чейинки көрсөткүчтөрүн сактап калар-калбасы азырынча арсар бойдон калууда. Биртоп ири ишканалар токтоп, ошол эле мезгилде жаңылары ишке кирүүдө. Айрым байкоочулардын ырасташынча, кризис оорчулугу Кыргызстанга жай ортосунан тарта сезилиши мүмкүн.

Ч. Турсунбеков: Орусиядан келчү каражатты орто жана чакан бизнеске жумшаш керек

Орусиядан келчү 450 млн. доллар инвестицияны сарптоо саясаты боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Кыргызстан ишкерлер биримдигинин президенти Чыныбай Турсунбеков жооп берди.

- Кечээ инвестициялык кеңештин жыйынында президент Курманбек Бакиев Орусиядан жалпы жонунан 450 млн. доллар келет жана ал ишкерликти өркүндөтүүгө жумшалат деп билдирди. Ишкерлерде ал каражатты кайсы тармакка, кантип сарптоо керек деген сунуштар барбы?

- Биз өткөндө өзүбүздүн төртүнчү курултайда да бул жөнүндө кеп кылып, биздин эксперттер өздөрүнүн сунуштарын айткан, биздин биринчи сунушубуз чакан жана орто бизнеске көбүрөк көңүл бурулуп, керек болсо алар үчүн атайын фонд түзүлүп, Орусиядан келе турган кредит дагы жеңилдетилген төмөн пайыздар менен биринчи кезекте орто жана чакан бизнестин өкүлдөрүнө берилсе, өлкөдөгү экономикалык туруктуулук үчүн негиз түзүлөт деген бекен ишеним бар. Биз бул жөнүндө айтып келатабыз. Курултай учурунда дагы өкмөт башчысы Игорь Чудинов да биздин бул пикирибизди колдоп, сөзсүз түрдө орто, чакан бизнестин өкүлдөрүнө бизнес уюмдар аркылуу кредит берүүгө өзүнүн бүткүл чама-чаркын жумшай тургандыгын билдирген.

- Өкмөт башчы Игорь Чудинов кечээ Евробанктын өкүлдөрү менен жолугушууда орусиялык кредит сарптала турган долбоорлорду Өнүктүрүү Фонду иргеп жатат деп билдирди. Ал кайсы тармакты өнүктүрүүгө багытталган кандай долбоорлор. Сиздин тааныштыгыңыз барбы?

- Бул боюнча биздин анча-мынча кабарыбыз бар. 50 млн. доллар тегерегиндеги долбоорлор көбүрөк изделип жаткандыгы жана ошондон көбүрөк суммадагыларга көңүл бурулуп жаткандыгы жөнүндө биздин кабарыбыз бар. Бирок биз деле өзүбүздүн пикирибизди билдирдик. Биз өзүбүздүн жыйында да кайра чогулуп, ушул маселени көтөрүп, биринчи кезекте албетте Кыргызстандагы коммерциялык банктар аркылуу орто жана чакан бизнеске бериш керек экендигин белгиледик. Ал эми мындай бизнес биздин оюбузча, 200-300 миң доллардан 4-5 млн. долларга чейинки долбоорлору бар ишканалар экенин айтып атабыз. Эгерде канчалык көбүрөк ишкерлердин катмары камтылса, ошончолук бул кредиттин кайтарымдуулугу да, натыйжалуулугу да арбыйт деген ишенимибизди билдирип атабыз.

- Демек ошол долбоорлор кайсы тармактарга багытталат?

- Мында айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү ишканалары биринчи кезекте кеп болуп атат. Кыргызстандагы жерлерди, дыйкандар өндүргөн кайра иштетүү ишканаларын жандандыруу, же жаңыларын түзүп чыгуу жана кайра иштеткен продукцияларды экспортко чыгаруу. Андан тышкары биздин ишкерлердин сунуштары, туризм, курулуш боюнча сунуштар бар. Дегеле тейлөө, туризм, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, курулуш – төрт багытка көбүрөөк көңүл буруп атабыз.

- Президент Курманбек Бакиев орусиялык кредит мурдагыдай мамлекеттик кызматчылардын чөнтөгүндө калбасы үчүн мамлекет менен ишкер чөйрөнүн ортосунда кызматташуу боюнча атайын мыйзам иштелип чыгат деди. Башка мыйзамдар иштебей жаткандан кийин ал элдин көзүн будамайлоо аракети болот, ал деле бирөөнүн чөнтөгүндө, же президенттик шайлоого кетет деген пикирлер пайда боло баштады. Бул кредиттин натыйжалуу сарпталышына ишкерлер кандайдыр бир салым кошо алабы?

- Биз өткөндөгү курултайда козгогон бирден бир маселебиз ушул болду, жакшы мыйзамдар кабыл алынып атат ишкерлик жөнүндө, бирок ошону ишке ашыруу механизми иштебей жатат деген жыйынтыкка келгенибизге баары эле күбө болушту. Биз дагы кайталап айтабыз, жакшы мыйзамдар кабыл алынды, бирок ошону иштетиш керек. Иштетиш үчүн биринчи кезекте коомдук, элдик көзөмөл болуш керек. Өлкөдөгү кредит каражаттары болобу, бюджеттин чыгымдалышы болобу, биринчи кезекте элдик коомдук көзөмөлдү колуна бериш керек. Ал үчүн өлкөдө жүздөгөн коомдук уюмдар бар, ишкерлер ассоциациясы бар, тармактык ассоциациялар бар. Булар өкмөт менен активдүү иштеши керек. Эгерде өкмөт менен активдүү иштешпей атса, анда өкмөт өзү алар менен активдүү иштешүүгө аракет кылыш керек. Эки жакта бири-бирине жакшы кадам болуп, бирдиктүү стартегия иштелип чыкса, коомдук уюмдарга, ишкерлик ассоциацияга ишеним артылса менимче натыйжа болот. Эгерде бул жөн эле cөз жүзүндө калып, чиновниктер өз кызыкчылыгын биринчи планга койсо, анда албетте элдин ишеними мурдагыдан да төмөндөп кетиши ыктымал.

- Маегиңизге рахмат.

Жаш медиктер Кыргызстанда иштегиси келбейт

Кыргызстанда медицина тармагында билим алып жаткан студенттердин көбү окууну бүтөөрү менен чет мамлекетке кетүүнү самашат. 2008-жылы 1,5 миңдей врач, 800 жакын мээрбан айым өлкөдөн чыгып кеткен. Элет жеринде, ал турсун облустук ооруканаларда акушер-гинеколог, анестезиолог жана хирургдар жетишпейт.

Азат Аттокуровдун атасы да, энеси да врач. Ошол себептен Азат бала кезинен эле врач болууну эңсеп, ушул окуу жайга тапшырам деп эңсеп жүрчү. Азыр эми ал Медакадемиянын төртүнчү курсунда окуп жатат. Бирок ал келечекте Кыргызстанда эмес, чет өлкөдө иштөөнү ниет кылат. Анткени кийин өзү да азыр ата-энеси алып жаткан айлыкка жашагысы келбейт.

“Менин максатым - Кыргызстанда эки жыл иштеп тажрыйба алгандан соң, чет өлкөгө кетүү, - дейт Азат. - Эгер бул жактан өзүмүн бизнесимди ачып эле калып калбасам, чет жакка кетем деп ойлойм. Медакадемияда окугандардын көбү эле ушинтип ойлойт. Анктени бул жакта айлык аз”.

Ушул эле окуу жайдын дагы бир студенти Актан Кыргызстандан кетпей эле, өз кесиби менен катар башка бизнес ачууну максат кылат. “Биздин шартта врач болуп эле үй-бүлө бага албайсың”, - дейт ал.

“Бул окуу жайга тапшыргандан соң, аягына чейин чыгарабыз да. Анын үстүнө тиш доктурлар азыр популярдуу эле болуп турат. Кандай эмкана болсо да иштегенге аракет кылабыз. Андан сырткары сөзсүз экинчи бизнесиң болуш керек. Мисалы бул жакта агай, эжелердин деле экинчи бизнеси бар. Биз деле ошондой кылабыз го”.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен алынган маалыматка караганда, 2008-жылы 1,5 миңге чукул ар кандай адистеги врачтар, 800 чукул медсестра Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. Министрликтин кадрлар жана уюштуруу иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Медер Исмаилов кеткендердин көбү региондордон деп белгилейт. Анын айтымында, учурда айыл жерине жаш врачтар барышпайт. Ошондуктан ал жакта акушер-гинекологдор жана хирургдар жетишпейт.

“Врач, мед айымдар көбүнесе региондордон кетип жатышат, - деп билдирди “Азаттыкка” М.Исмаилов. - Мисалы, 2008-жылы Жалал-Абаддан эле 132 врач Ош шаарынан 21 врач башка мамлекеттерге кетип калган. Өткөн жылдын эсебениен эле 800 чукул мед айым кетти. Ошонун айынан айылдарда эле эмес, район, облустун борборлорунда акушер-гинеколог, үй-бүлөлүк дарыгерлер, хирургдар жетишпейт. Соңку мезгилдерде анестезиолог-реаниматолог жетишсиз болуп жатат. Мисалы Ысык-Көл облусунда облустук ооруканада бир эле анестезиолог-реаниматолог калды. Биз жаш врачтар үчүн депозитти киргизгенбиз. Бирок жаштар аны карабай, бул да маселени чечпей жатат. Жаштарды айылдарга жөнөтсөк, жашаганга жери жок, болбосо ижара акысын төлөш керек”.

Биздин кийинки маектеш Айнура учурда Орусияда, Абаканда мед айым болуп иштейт. Ал да айлыктын аздыгынан мындан бир жыл мурда тааныштарынын жардамы менен ошол жакка кеткен. Ал Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин көбүнүн турмушу оор экенин, ошондуктан жакын-арада кайтып келүү планында жок экенин айтат: “Мен Ошто ооруканаларда иштедим. Ал жакта эң жөнөкөй шприц жетишпей, дарыланып жаткандардын өзүнө алдырып, аларга да жаман көрүнчү элек. Азыр тааныштар аркылуу Орусияга, Абаканга келип, өз кесибим менен эле иштеп атам. Кудайга шүгүр, үйгө да акча жөнөткөнгө мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан азырынча, жакын арада Кыргызстанга кайтуу оюмда деле жок. Анын үстүнө ал жакта дагы деле айлык аз, жумушсуздук күчөп жатпайбы”.

Ал эми Медицина илимдеринин доктору, эксперт Рысбек Абдылдаев врачтардын жетишпестиги медицина тармагынын четиндеги гана маселе экенин белгилейт. Ал саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик системанын талкаланганын, студенттерге билим берүү эскиче жүрүп жатканын “Азаттыкка” айтты.

“Кыргызстанда баягыдай эле эскиче билим берилип жатат. Борборлошкон, мамлекеттик деңгээлдеги системаны талкалап салдык. Бүгүнкү күндө окуп жаткан студенттердин, ал эле эмес айрым врачтардын да деңгээли абдан төмөн. Учурда формалдуу көп нерсени жасап жатабыз да, ички мазмуну ошол бойдон калууда. “Халва, халва десе, ооздун ичи таттуу болуп калат” - дегендей болуп жатабыз. Бул маселе - бүгүнкү күндө медицинанын четиндеги эле маселе. Абдан татаал болуп, кризистин ичинен чыга албай жатабыз. Биз “реформа болуп атат, кошумча төлөмдөр болуп атат” деген гана сөз менен чыгып жатабыз. Негизинен бул тармакта маселе көп”, - дейт Р.Абдылдаев.

Адистер мындай маселелер өлкөдөгү социалдык, экономикалык абалдын начардыгынан улам чыгып жатканын белгилешет. Минтип отурса бир канча убактан кийин Кыргызстанда жалаң карыган жана билим деңгээли төмөн гана врачтар калат деп болжошууда. Андыктан алар азыртан мамлекеттик чукул чаралар талап кылынаарын кайталап келишет.

Эл кайда көчөт?

Kyrgyzstan - Newspapers in Kyrgyzstan. 26Dec2008

Жарык көргөн гезиттер өткөн митингдин күңгөй-тескейин, жер маселесин кеп кылып, президенттин кийинки кайрылуусун талкууга алууну улантты.

“Кыргыз туусу” гезити келерки саныан баштап түстүү чыга тургандыгын сүйүнчүлөп, саясый илимдердин доктору Жолборс Жоробековдун президент К. Бакиевдин кайрылуусу боюнча ойлорун тартуулады.

Ж. Жоробеков: “Президенттин “Жаңылануу багыты” негизги укуктардын акылга сыярлык тең салмактуулугун сактоону сунуш кылат. Алар: Адам укуктары, Менчик укуктары, Коомдун, Жаратылыштын укуктары, Ата-бабалардын жана Урпактардын укуктары; булар бири экинчисин басмырлабашы керек, баары эриш-аркак мамиледе болот. Бакиев айткандай, жарандык коом, бийлик, конструктивдик оппозиция биригип, бардык энергиябызды бир багытка жумшап, Кыргызстанды гүлдөгөн өлкөгө айлантуу – биздин атуулдук парзыбыз” деп айтат.

Ушул эле гезиттин башкы редакторунун орунбасары Мырзакат Тыналиев “Катаал кырдаалдан чыгуунун жолу айтылды” деп белгилеп, “Жаңылануу багытына улуттун түпкү мүдөө-талаптары негиз болуп берген. Алардын ар бири кыска жана так чечмеленген, ошондуктан алар ар бир адамга жеткиликтүү деп ойлойм” деп жазды.

Аталган гезит ошондой эле ИИМ министри М. Коңгантиевдин интервьюсун, Казакстандын тышкы иштер министри Марат Тажиндин “Борбор Азия ядролук куралдан эркин аймак” аттуу макаласын, буга чейин сандан санга жарыяланып келаткан тарыхый жана даректүү баяндардын уландысын басууну уланткан.

“Ачык саясат” гезити Ф. Куловдун президенттик жарышка түшүүдөн баш тартышын, калк ичиндеги кадыр-баркы менен каражатынын жоктугунан деп, 13-марттагы автокырсыктан чогултулуп Маскөөгө жөнөтүлгөн адамдардын дене калдыктары Медет Садыркуловго, Сергей Слепченкого жана айдоочу К. Сулаймановго таандык экендиги аныкталып келди деп, эгер бийлик бейшембиге дейре И. Исаковго козгогон кылмыш ишин токтотуп, сот аркылуу актап чыкпаса алайлык жигиттер атчан жүрүшкө, аялдар ачкачылыкка чыгууга аракет жасап жатыптыр деп жазды.

Америкада иштеген жана окуган кыргызстандыктар Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин алдына 27-март күнү нааразылык билдирген плакаттарды көтөрүп чыгышты, бирок элчи айым Замира Сыдыкова басып келген жок, анын ордуна орунбасары Арслан Анарбаев чыкты деп кабарлады.

Ушул гезит эркин журанлист Үсөн Касыбековдун “Жашасын митингстан” аттуу рубрика алдында “Сандардын оюну” деген талдоосуна орун берип, белгилүү коомдук ишмер Жумагул Сааданбеков менен “Келишимге келер кез келди” деген интервьюсун орус тилинде сунуш кылды. Сааданбеков бийлик жагдайына токтолуп, 1-кезекте оппозиция “президент отставкага кетсин” деген реалдуу эмес талапты коюудан баш тартышы керектигин, ошол эле учурда президент да өз укуктук ченемдерин кыскартууга барышы зарылдыгын, анткени ХХ1 кылымда жашап жатканыбызды, бүгүн бийликтин баарын бир колго таптап алып бир нерсеге жетем деген мезгил, доор өткөн чакка айланганын, ошондуктан бардыгын парламентаризмден баштап, депутаттардын 50 пайызын бир мандаттуу округдан, 50 пайызын партиялык тизме менен шайлоо гана эл каалаган күчтүү парламент менен, күчтүү өкмөткө ээ кыларын белгилеген.

Гезит “Баткендеги “жаңы тажик айылдары”, “Тажиктерге кордолуп жашагыча, көчүп кетели деп жатабыз”, “Биз өз жерибизден көчүп кетүүгө мажбурбуз” деген аталыштагы макалалардын топтомуна окурман көңүлүн бурду.

-Азыр бизде тажиктер көбөйүп кетти. Биздин айылдан эле кыргыздардын көп үйү сатылды. Тажиктер көбөйгөн сайын алардын бизге көрсөткөн кысымдары күчөп баратат. Бала-чакабыз эшикке чыгалбай калды. Чыкса тажиктер уруп коюшат. Айылда кыргыз мектеп жок. Азыр 40 түтүн кыргыз калды. Тажиктер 500-600 түтүн болуп кетти. Аргам кеткенде мен да үйүмдү, жеримди сатууга койдум,-деп жазат Баткендик Амираев Калый.

Ал үйүн жери менен 700-800 миңге сатарын, какыраган чөл боолсо да тажиктерге кор болбой, эркин жашаган жайга көчүп кетерин билдирсе, 73 жаштагы Жамийла аттуу кемпир 7 баласы, 30дан ашуун небереси барын, бала-бакырасы өз жеринде бөтөн элдин кысымында калганын, бул үйбүлө да үйүн тажиктерге сатып жиберип, башка жакка көчкөнү жатканын билдирген.

Ушул маселени козгогон редакция: “Кыргыздар качанкыга чейин өз жеринде башка улуттарга кор болуп жашайт? Мамлекетти башкарып жаткан чиновниктер эмне үчүн бул маселеге көңүл бурбайт? Кыргыз бийлиги бирдей эле “итке минип” жашаган тажик бийлигине эмне үчүн коркок-билиш болот?” деген суроолорду койду.

“Аалам” гезити аркылуу 27-марттагы оппозициянын митинги жөнүндө баянында: “Баары сүйлөдү, бирок бир сөзгө келишкен жок. Бүгүн бийлик эйфорияда. Бакиевдин эң чоң атаандашы Текебаев болчудай. Кыргызстанда президент болчулар көп, бирок аккчасы аз. Өткөндө Горький аянтында СССР генералы И. Исаков: “Бакиев кетсин!” дейт. Кетпейт да. Бийликтин эң оор оокаты – казынадан кеткен Кудаярды көрө элекпиз. Курманбек Салиевич утмай болуп калды. Акимдери, губернаторлору, админстративдик рычкагы турат. БШК колунда, парламент өзүнүкү. Өзбекстан, Түркмөнстанда да мындай болушу мүмкүн эмес. Курманбек Бакиев бизди акырындап ушул турмушка жетелеп келатат. Кокон хандыгы болгон, бирок Кудаяр хан кантип качканын, Аскар кантип жашынганын эстебесе президент – президент деле болбойт. Президенттин улутка кайрылуусу таңдандырды. Тили да бөлөк, стилистикасы да бөлөк. Сиз эл атасысыз. Өз жолуңуз дурус эле. Булар сизди бузганы араң турат” деп жазды баяндамачы Жоллдошбек Зарлыкбеков “Шыбыргак” аттуу макаласында.

Ал эми “Атың чыкпаса жер өрттө” дегени рубрика алдындагы макала кыпчактардын улут катары таанылуу өнөктүгүн Баткен облусунун түштүгүндөгү Бужум айлынын тургуну, ардактуу эс алуудагы мугалим Камчыбек Саматов жетектээрин, эгер анын паспортуна “кыпчак” деп жазбаса, Бирикккен Улуттар Уюмуна кайрыларын кеп кылган.

Гезит булардан сырткары “Бийлик, БЭК, бикет, биримдик” деген жалпы тема алдында саясатчылар М. Ниязов, Р. Отунбаева, Ө. Текебаев, И. Өмүркулов жана укук коргоочу А. Абдрасулованын ой-пикирлерине орун берген.

И.Карыпбеков: “Бийлик оппозиция менен конструктивдүү диалогго даяр”

Бириккен оппозиция койгон талаптарды бийлик тарап ар бирин талдап туруп, ар тараптуу жана объективдүү жоопторду берет. Эгерде талаптар ультиматумдуу, коркутуп-үркүткөн түрдө эмес, жүйөөлүү болсо гана аткарылышы мүмкүн. Бул жөнүндө Президенттик катчылыктын эксперти Илим Карыпбеков “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди.

-Илим мырза, Бирдиктүү элдик кыймыл 27-марттагы митингде кабыл алынган талаптарды кечээ бийликке тапшырганын кабарлады. Анда негизинен шайлоону акыйкат өткөрүү, БШКнын, тартип коргоо органдарынын, Улуттук телеканал менен ЭлТР телеканалдарынын байкоочулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымын оппозиция өкүлдөрү түзсүн жана саясий куугунтук токтотулсун деген талаптар. Бул талаптарды бийлик эске алып, аны менен эсептешет деп эл үмүттөнө алабы?

-Расмий түрдө кайрылуу кечээ кечинде гана келди деген маалыматты алдык. Бирок аларды кагаз жүзүндө ала элекпиз. Алгандан кийин, албетте коюлган суроо, талаптарга жөн гана жооп бербестен ар бирин талдап туруп, ар тараптуу жана обьективдүү жоопторду берүүгө жана жүйөөлүү талаптарга баш ийип, аларды эске алуу менен иш-аракет болот деп бекемдеп айта алам.

-Бир топ саясат талдоочулар оппозиция койгон талаптардын ичинен бийлик аткарбай койчулары жокко эсе, эгер аткарбаса кырдаал курчуп кетиши мүмкүн деп айтып жатышат. Президент менен тыгыз иш алып барган катчылык мына ушундай божомолдорду негиздүү деп эсептейби?

-Жок, мен мындай божомолдорго кошула албайт элем. Себеби буга чейинки митингдерде айтылган талаптардын көбү бири-бирине карама-каршы жана кайсы бир учурларда Кыргызстандын Конституциясы менен мыйзамдарына, укуктук, демократиялык мамлекеттеги принциптерге төп келишпеген талаптар болгон.

Албетте, эгерде ультиматумдук, шантаж түрүндөгү жана аткарылгыс талаптар болсо, аларды аткаруу мүмкүн эмес. Себеп дегенде мыйзам бузганга эч ким бара албайт. Ал эми чынында эле жүйөөлүү,чынында эле элдин, замандын таламдарына жооп бере турган талаптар болсо, сөзсүз түрдө аларды эске алып, аткарууга тиешелүү аракеттерди көрөт. Президент буга чейинки кайрылууларында бул жөнүндө бир нече жолу айткан.

-Бирок оппозициянын өкүлдөрү коюлуп жаткан талаптардын укуктук негиздери бар, себеби жөн жерден эле куугунтуктоолор болуп жатат. Анан шайлоону акыйкат өткөрүү талабына да чоң негиз бар, себеби буга чейинки парламенттик шайлоодо административдик басым болгону далилденген деп жатышпайбы...

- Президенттик шайлоону шайлоо мыйзамдарынын негизинде таза өткөрүү талабына биз кошулабыз жана аны талдап чыгып, аткаруу аракеттерин көрөбүз. Ал эми укуктук маселеге келгенде коюлган талаптардын ичинен кезектеги шайлоо азыркы президенттин катышуусуз өтсүн деген талап демократиялуу укуктук мамлекеттин принциптерине таптакыр төп келишпеген талап да! Мисалга ала турган болсок мындай талаптар аз эмес.

Мен бул жерден оппозициянын өкүлдөрүнө кайрыла турган бир сунушум бар, оппозиция бийлик менен конструктивдүү диалогду аягына чыгарганга аракет кылса жакшы болот эле. Өткөндө диалогду баштагандан кийин эч бир натыйжа боло электе эле эч кандай негизи жок жерден улантуудан баш тартышты.

-Оппозициянын талаптарын ишке ашыруу боюнча оппозиция менен бийликтин ортосунда сүйлөшүү жанданышы мүмкүнбү жана бул багытта катчылык кандайдыр бир аракеттерди көрөбү?

- Албетте, катчылык башынан эле ошондой конструктивдүү, ачык диалогду жүргүзгөнгө ар дайым даяр. Оппозиция ошондой диалогду жүргүзгөнгө макулбуз, тегерек үстөлгө олтуруп алып талкуулоого макулбуз десе, биз ар дайым даярбыз.

- Демек президенттин диалогду улантууга даярмын деген сөзүн ишке ашырууга аракет болот деген ишеним бар экен да?

- Албетте, митингдин жыйынтыгына баа берип, ал жакшы өттү же жаман талаптар коюлду деп айта албайбыз. Ал оппозициянын конституциялык укугу жана биз аны урматтайбыз. Бирок ошол эле учурда конструктивдүү диалогду өткөрүү зарыл жана ага ар дайым даярбыз.

-Маегиңиз үчүн рахмат!

“Азыркы кыргыз адабий тили” аттуу фундаменталдык эмгек чыкты

Бүгүн Айтматов атындагы тил жана адабият институтунда “Азыркы кыргыз адабий тили” аттуу илимий эмгектин бетачар аземи болот. Аталган жыйында манасчылар, акындар жана ырчылар өнөрлөрүн тартуулашат.

Чыңгыз Айтматов атындагы адабий институттан жылдын башында жарыкка чыккан “Азыркы кыргыз адабий тили” аттуу фундаменталдык эмгек – фонетика, лексикология, лексикография, фразеология, морфология, синтаксис, стилистика, текст таануу жана лингвопоэтика бөлүмдөрүнөн турат. Эмгек азырынча 200 даана менен 928 бет болуп басылып чыкты. Аталган эмгек тууралуу алгач Айтматов атындагы тил жана адабий институтунун директору Абдылдажан Акматалиев мындай деди:

- Биз бул эмгекти чыгарууда кыргыз тил илими боюнча бир канча эмгектерди пайдаландык. Бирок жаңы илимий негиздер, ой-пикирлер менен толукталгандыгын да айта кетейин. Бул эмгектин басылып чыгышына академик Бүбүйна Орузбаева, окумуштуулар Аскар Турсунов, Сүйүмкан Өмүралиева, Жумаш Мамытов, Бейшебай Усубалиев, Сыртбай Мусаев, Ташболот Садыковдор активдүү катышышты. Ошондой эле буга чейин эмгектерин жазып калтырышкан окумуштуулар Токтосун Акматов, Самак Давлетов, Эсенгул Абдылдаев, Сарыбай Кудайбергеновдордун да эмгектери камтылды.

Аталган эмгек кыргыз тил илиминин бардык тармактарын камтыгандыгы менен өзгөчөлөнөт жана 80-жылы соңку ирет жарыкка чыккан бул аталыштагы эмгекке жаңы ой-пикирлер, илимий негиздемелер кошумчаланды. Эмгек, албетте, илимий негизден айрыкча жаш окумуштууларга, студенттерге зарыл болгону менен, кыргыз тилинин жоголуп кетүү коркунучу пайда болуп жаткан бүгүнкү күндө мындай эмгектердин басылып турушунун мааниси чоң :

“Азыркы кыргыз адабий тили” деген эмгектин өзгөчөлүгү – менин оюмча 80-жылдары жарым-жартылай чыккан бул аталыштагы эмгектин – андан бери отуз жылдай убакыт өтүп кетиптир – ошол бөксөлүктү толтуруп, илимий изилдөөнүн кийинки жаңы барактарына жол ачууга кызмат өтөйт деп ойлоймун.

“Азыркы кыргыз адабий тили” аттуу фундаменталдык эмгектин бетачарына окумуштуулар, акын-жазуучулар, аймактардан педагог адистер жана өнөр адамдары катышмакчы.








31-март: Тарых барактары

Франциянын сыймыгы эсептелген Эйфель мунарасы 1889-жылдын бул күнү салтанат менен ачылган.

Кара-Кыргыз автономиялык областынын туруктуу иштей турган Аткаруу Комитети 1925-жылдын 31-март күнү ишке киришкен. Кыргызстан профсоюздарынын I Уюштуруу курултайы 1925-жылдын 31-март күнү өткөрүлгөн. Франция мамлекетинин сыймыгы эсептелген Эйфель мунарасы 1889-жылдын 31-март күнү салтанат менен ачылган. Франция мамлекети 1966-жылдын 31-мартында НАТО аскердик уюмунан чыга тургандыгы жөнүндө Меморандум жарыялаган.

Кара-Кыргыз автономиялык областынын туруктуу иштей турган Аткаруу комитети 1925-жылдын 31-март күнү ишке киришкен. Жаңы куралган Областтык Аткаруу комитетте адегенде 11 адам үчүн штат ачылып, биринчи төрагалык кызматка Абдыкадыр Орозбеков дайындалган. А. Орозбеков Маргалаң уездиндеги Охна кыштагында жарык дүйнөгө келип, анын кедей-дыйкан үй-бүлөсүнөн чыккан теги Совет бийлигинин таптык саясатына дал келген. Областтык Аткаруу комитетте негизинен жергиликтүү калктын өкүлдөрү эмгектенген менен областтагы баардык маселе Кыргыз областтык партия комитетинде чечилген. Мындан улам Областтык Аткаруу комитети кийин партиялык диктатка нааразылыгын билдирип Москвага кат жолдогон.

Кыргызстан профсоюздарынын I Уюштуруу курултайы 1925-жылдын 31-март күнү өткөрүлгөн. Профсоюздардын жыйыны Пишпек шаарында өтүп, анын ишине өлкөнүн булуң-бурчтарынан келген 109 делегат катышкан. Профсоюздардын I Уюштуруу курултайында Кыргызстандагы профсоюздук кыймылды жайылтуу, туруктуу иштей турган комитет куруу сыяктуу маанилүү маселелердин тагдыры чечилген. Кийин бул дата Кыргызстан профсоюздарынын күнү катары кабыл алынып, анын 50 жылдык юбилейи 1975-жылы белгиленген.

Фрунзе шаарынын партиялык активи 1940-жылдын 31-март күнү борбор калаанын төмөнкү аймагында орун алган торфту калктын керектөөсү үчүн пайдалануу туурасында чечим кабыл алган.

Улуу Ата Мекендик согуш маалында фронттогу жоокерлердин рухун көтөрүү максатында улуттук дастандарды жарыялап, калк арасындагы каармандарды даңазалоо туурасында чечим чыгарылган. Партиялык көрсөтмөгө ылайык, кыргыз калкынын «Манас» дастаны аталган тизмеге киргизилген. «Манас» дастанын изилдөө ишине айтылуу советтик окумуштуулар тартылып, 1946-жылдын бул күндөрү Кыргызстан илим коомчулугу изги саамалыкты өрнөктүү өткөрүү камылгасын көрүүгө киришкен. «Манас» эпосунун 1100 жылдыгын белгилөө камылгасы таанымал тарыхчы А. Н. Бернштамдын аныктоосуна ылайык жүргүзүлгөн жана анын фактологиялык далилдөө ишине советтик окумуштуулар тартылышкан. Анын натыйжасында С. М. Абрамзондун «Героический эпос «Манас»-памятник киргизской лтературы» аттуу макаласы 1946-жылдын 31-март күнү жарык көргөн.

Америка Кошмо Штаттарынын айрым бөлүгү калктын социалдык укугу үчүн күрөшкөн Цезарь Чавестин күнүн 31-мартта белгилешет. Цезарь Чавес айыл чарбасында иштеген эмгекчилердин коомдук укугун коргоого салым кошкон жана өмүрүн ал күрөшкө арнаган адам болгон.

Феодалдык бытырыландык айынан бөлүнүп-жарылуу чегине жеткен Русь мамлекетинин бактысына жаралган Иван Данилович Калита 1340-жылдын 31-мартында дүйнөдөн кайткан. Иван Данилович эбегейсиз байлыгы жана жанында салып жүргөн капчыгынан улам «Калита» деген ылакап ысым алган. Өкүмдар кайыр сураган адамдарга жок дебей, капчыгында болгон акчаны кармата берчү экен. Иван Калитанын тушунда Русь өлкөсү биригип кубаттуу мамлекетке айланган.

Франция мамлекетинин сыймыгы эсептелген Эйфель мунарасы 1889-жылдын 31-март күнү салтанат менен ачылган. Мунаранын конструктору Гюстав Эйфель темирден курулган мунаранын чокусуна жөө чыгып Франциянын туусун орноткон.

Биринчи «Мерседес» автомобили 1901-жылдын 31-мартында завод конвейеринен чыккан. Автомобиль Готлиб Даймлердин кызынын урматына анын ысмын алып «Мерседес» аталган.

Америка Кошмо Штаттары биринчи жолу 1918-жылдын 31-мартында жайкы убакытка өткөн.

Карел-Фин ССРи 1940-жылдын 31-мартында 12-советтик республика статусун алган.
Советтер Союзунун экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү роль ойногон Машино-трактордук станциялар (МТС) 1958-жылдын 31-мартында жоюлган.

Франция мамлекети 1966-жылдын 31-мартында НАТО аскердик уюмунан чыга тургандыгы жөнүндө Меморандум жарыялаган. Меморандумда Түндүк Атлантика келишимине караштуу штаб жана аскер кызматтарын Франциядан чыгаруу талабы коюлган. Советтер Союзунда буга чейин француз диктатору катары сыпатталып келген Шарль де Голль, алеки заматта СССРдин досу атыккан. Шарль де Голль туурасында «Юманите» газетасындагы карикатуралар менен макалаларды советтик маалымдоо каражаттарында жарыялоого тыю салынган.

Канаданын Торонто шаарындагы мунаранын курулушу 1975-жылдын 31-мартында 555, 35 метрге жетип, дүйнөдөгү эң бийик курулуш аталган.

КПСС Борбордук комитетинин генералдык секретары Л. И. Брежневге 1980-жылдын 1-апрелинин алдында адабият багытындагы Лениндик сыйлык тапшырылган. Жашы өргө тайып, андан да буга чейин жазмакердик шыгы билинбеген генсектин «Кичи жер» жана «Кайра жаралуу» китептерин «жазгандыгы» коомчулуктун бүйүрүн кызытып, ар түркүн жоромолдорду жараткан.

Атактуу француз философу, математик, физик жана көп кырдуу талант ээси Рене Декарт 1596-жылдын 31-март күнү жарык дүйнөгө келген. Элдин айтымында ойчул өлөөр алдында эсине келип, өзүнө-өзү «Анда эмесе рухум жолго аттаналы» деп күбүрөгөн экен.

Теңдешкиз австриялык композитор, 104 симфония, 83 квартет, 52 фортепьяно сонатасын жана 2 ораторий жараткан Франц Йозеф Гайдн 1732-жылдын 31-мартында туулган.

Цезий жана рубидий химиялык элементтерин ачкан, газ күйгүзгүчүн ойлоп тапкан немец химиги Роберт Вильгельм фон Бунзен 1811-жылдын 31-мартында жарык дүйнөгө келген.

Футбол: Кыргызстан Азиянын “Чакырык кубогунун” финалына жолдомо алды

Азиянын Футбол федерациясынын кубогун жеңип алган "Дордой-Динамо".

30-мартта Непалдын борбору Катмандудагы футбол боюнча Азиянын “Чакырык Кубогунун” таймаштарында Кыргызстандын тандалма командасы өз тобунда жеңүүчү деп таанылып, финалдык беттешүүлөргө укук алды.

Азиянын Чакырык Кубогунда быйыл атаандаш боло турган өлкөлөргө чучукулак кармалганда Ооганстан, Палестина, Непал өлкөлөрү Кыргызстандын тандалма командасына атаандаш болгон.

Былтыр Бишкекте ушул Чакырык Кубогунун таймашында Кыргызстандын тандалма командасы Ооганстандан утулуп, жеңилүү ызасын тарткан.

Тилекке жараша белгисиз себептерден улам Ооганстандын футболчулары Непал өлкөсүнө барбай, Чакырык Кубогунун таймашууларына катышпай калышты. Берки атаандаштар Палестина менен Непал өлкөлөрү болуп, Кыргызстан «С» тобунда эки беттешүү өткөрдү.

Алгач ирет 28-мартта Кыргызстан талаа ээлери Непалдын футболчулары менен мөрөй талашып, 1:1 эсебинде тең чыгышты.
Мында кыргызстандык футболчу Мирлан Мурзаев 11 метрлик айып тобун таамай тээп, эсепти теңдей алды.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун
баамында Палестина, Непал өлкөлөрүн уткан Кыргызстандын футболчулары финалдык беттешүүлөргө укук алганы эле чоң жеңиш.

30-мартта Кыргызстандын командасы экинчи беттешүүдө футбол боюнча Азиянын мурдакы чемпиону Палестина командасы менен мөрөй талашты.

Мында оюндун 20-мүнөтүндө палестиналыктар оюн эрежесин одоно бузгандыктан калыстар кыргызстандыктарга 11 метрлик айып тобун тебүүгө укугун беришти.

Непалдыктарга да айып тобун таамай тээп, айырмаланган Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаевдин тепкен тобун палестиналык дарбазачы тосо албай калды.

Кыргызстандык футболчулар коргоону тилкесин бекемдегени менен оюндын 29-мүнөтүндө палестиналык чабуулчу Саиду Аль-Сбахи эсепти теңдөөгө жетишти. Кыргызстандык чабуулчулар Рустем Усанов, Вадим Харченко жана Антон Землянухин бир нече ирет ыңгайлуу учурларды пайдалана албай калышты.

Бул Кыргызстан-Палестина беттешүүсү дагы 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Бирок үч команда тең экиден упайга ээ болушканы менен топтун айырмасы эске алынып, “С” тобунда Кыргызстандын командасы жеңүүчү деп таанылды.

Өлкөнүн футбол федерациясынын эл аралык жана укук маселелер бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуевдин пикиринде, Кыргызстандын тандалма командасы мурда Ооганистанга эки ирет утулгандыктан быйыл атаандаштарын жеңип, өз тобунда биринчи орунга чыгуу максатына жетти.

Ал эми футбол жаңыдан өнүгүп келаткан өлкөлөрдөн Чакырык кубогунун таймашууларында учурда «А» тобунда Мьянма, Камбоджа, Бангладеш, Монголия, «В» тобунда – Түркмөнстан, Филиппиндер, Бутан жана Мальдив жана «Д» тобунда Шри-Ланка, Пакистан, Тайвань, Бруней өлкөлөрүнүн футболчулары күч сынашып жатышат.

Мөрөй талашуулар апрелде жыйынтыкталып, өз тобунда жеңген бирден гана команда Азиянын “Чакырык кубогунун” финалында ойноого укук алат.

Былтыркы жылы Азиянын Чакырык кубогунда байгелүү орундарды ээлеген Индия, Тажикстан жана Түндүк Корея өлкөлөрүнүн командалары да быйылкы финалдык топто ойнойт.

Ал эми баш байге үчүн беттешүүлөр 2010-жылы өтүп, жеңген өлкө 2011-жылы Катарда өтүүчү Азия Кубогуна катышууга жолдомо алат.

Учурда Европа футболу менен Азиядагы футболдун деңгээлин салыштырууга болбойт. Ошондуктан Азиядагы өнүгүп келаткан өлкөлөргө футбол оюнун жайылтуу максатында жана мыктыларын иргеп алуу үчүн 5 жылдан бери Чакырык Кубогу өткөрүлүп келатат.




Инвестицияга жол ачкыла, ишкерлерге шарт түзгүлө!

Экономикалык кризис кыстап турган чакта ишкердикке шарт түзүү, инвестициялык жагымдуу маанай жаратуу маселеси 30-марттагы Инвестициялык кеңеш жыйынында талкууланды.

Соңку эки жылдан бери өкмөттүн оозунан түшпөгөн сөз “Doing business” – «Ишкердикке шарт түзүү» болууда. Инвестициялык кеңештин 8-отурумунда да мына ушул маселе талкууланды. Президент К.Бакиев экономикалык кризис күчөгөнү Кыргызстанга келчү инвесторлордун саны азаярын эскертип, өкмөт ишкердикке мыкты шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү экенин белгиледи.

- Шүгүрчүлүк деш керек, мен айтып коеюн, кийинки кездери алдыга жылуу сезилип жатат. Аны ишкерлер да айтып жатышат. Аны экономикалык абал да ырастоодо. Кыргызстанда мамлекет менен бизнес бирин-бири түшүнө баштады.

Өлкөдө ишкердикке дурус дегидей шарт түзүлүп калганын Европа өнүгүү жана реконструкция банкынын Борбор Азия, Кавказ жана Түштүк-Чыгыш-Европа өлкөлөрү боюнча бизнес тобунун директору Оливер Дескамп да ырастап, аны ыксыз текшерүүлөр менен лицензиялоо жөрөлгөсүнүн кыйла жөнөкөйлөштүрүлгөндүгүнө байланыштуу ырастады.

- Сиздер кысталыш кезеңде инвестицияга жагымдуу климат түзүү, ишкердикке көмөк көрсөтүү аракетин жасап, инвестиция тартуу аракетин улантып жатасыздар. Бул эң туура жол,- деп айтты О.Дескамп мырза.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудинов жаңы Салык кодексинин айланасында кыйладан бери талаш-тартыштар жүрүп жатканын белгилеп, аны жаңылоону алгачкы жыйынтыктар чыккандан кийин жүргүзүү туура болоруна токтолду.

- Быйыл 1-кварталдын жыйынтыгы чыккандан кийин, бюджетке канча киреше түшкөнүн талдап чыккандан кийин бул маселеге кайрылсакбы, деген менде сунуш бар.


Жаңы Салык кодекси ишке киргенден кийинки үч ай ичинде салык мурдагыга салыштырмалуу арбын чогултулганын, антишке патенттин жоюлуп кетишинен чочулаган ишкерлер акчаны арбын төгүү жөнүндө милдеттенме алышкандыктары себеп болгонун жыйында Салыктар боюнча комитет төрагасы Акматбек Келдибеков маалым кылды.

- Мисалы, «Фаиза» кафеси мурда ай сайын болжол менен 144 миң сом төлөп келсе, эми жаңы контракт боюнча 250 миң сом төлөйт. 74% арбын төлөйт. Экинчи мисал, «Байтур» сөзсүз төлөй турган патентинен тышкары бардык тейлөөсүнө буга чейин ай сайын 38 миң сом төлөп келсе, эми 100 миң сом төлөйт.

А.Келдибеков өткөн жылдын ушул мезгилинде бюджетке салык төлөөчүлөрдөн 4 миллиардга бираз жете бербеген акча түшсө, быйыл ал 5 миллиард сомго жакын каражатты түзгөнүн маалымдады. Канттагы цемент-шифер, Майлысуудагы электр лампа, биртоп кирпич зооттору токтоп калганда алдагыдай акча негизинен соода, тейлөө тармагынан түшкөнү инвестициялык жыйында маалымдалды. Жыйында бажы тармагындагы коррупцияга бөгөт коюу, чек ара аркылуу агылган акчаны бюджетке буруу амалында бажы постторун автоматташтырылган системага өткөрүү иштери жасалып жатканы айтылды. Тек, бул иштер эмдиги жылдын жарымына чейин созулары, долбоордун программасынын иштелип чыгышы кыйла убакытты алары кабарланды.

Өкмөттүн «көмүскө» капиталды ачыкка чыгаруу аракети натыйжасыз аяктагандан кийин эми жашырын мүлктү мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатканы маалым кылынды. Президент К.Бакиев Инвестициялык кеңеш жыйындарында такай козгоп келаткан бирөөнүн мүлкүн тартып алуу, басып алууга бекем укуктук чек коюу жөнүндө жаңы мыйзам долбоору даярдалып, ушу тапта ал өкмөт ичиндеги жөрөлгөлөрдөн өтүп жатканы белгилүү болду. Инвестициялык кеңештин кийинки жыйыны президенттик шайлоого жакын өтмөкчү.

Феликс Кулов президенттик шайлоого барбайт

“Ар-намыс” партиясынын саясий кеңеши бүгүн ушундай чечим кабыл алганын жарыялады. Партия мүчөлөрүнүн билдирүүсүндө, бул кадам өлкөдөгү коомдук-саясий абалдын стабилдүүлүгүн сактоо максатында жасалды.

Буга чейин “Ар-намыстын” лидери Феликс Кулов президенттик шайлоого барбай тургандыгы тууралуу өзү да кулак кагыш кылып келген. Ал муну мамлекеттеги стабилдүүлүктү сактоо максаты менен түшүндүргөн.

- Мага стабилдүүлүк маанилүү. Момундай кризистин шартын мен жакшы түшүнөм. Азыркы кырдаалда кандай карама-каршылык болсо да, ал өлкөгө терс таасир этет. Баш аламандыкка жол бербеш үчүн ишти жүз жолу ченеп бычуу керек.

Партия төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин айтуусунда, Куловдун шайлоого барышы мамлекеттеги кырдаалга олуттуу таасир тийгизмек. Анткени шайлоо учурунда алдыга озунуп чыккан негизги талапкерлердин добуштары ортосунда ажырым аз эле болуп калса, ал эл ичинде ар кандай карама-каршы талаштарды жаратмак.

- Биздин деле жактоочулар бир топ. Эгер ошондо берилген добуштардын ажырымдары жакын болсо, талаш-тартыштар чыгып кетмек. Негизги талапкерлердин ортосунда ажырым 5-10% болуп калышы мүмкүн. Биз Куловду негизги талапкер катары көрөбүз. Ошондо биричи орун менен экинчи орундун ортосунда айырма аз болуп, “Биздики көп болчу” деген талаш-тартыштар чыгышы мүмкүн.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев Феликс Кулдовдун бул чечимин “өзүн нейтралдуу адам катары көрсөтүп, өзүнө карата элдин ишеничин көтөрүү аракети” катары баалады. Анын айтымында, бул чечим оппозицияга катуу деле таасир тийгизбейт. Анткени Кулов бир топ убакыттан бери оппозиция менен байланышын үзүп койгон болчу:

- Балким ал экономикага көңүл буруп, шайлоого барбайм деп жаткандыр. Анын багыты азыр - экономикалык саясат. Мындай чечимин сыйлаш керек. Ал бүгүн өзүнүн ролун башкача колдоном десе керек. Өтө орчундуу абал болуп кетсе, эки жакка тең тартпаган, президенттик атаандаштыкка чыкпаган адам көбүрөөк ишенимге ээ болот деген да ойдо болуп жатса керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшенбек Абдырасаков Феликс Куловдун бул чечимин колдой тургандыгын айтат. Бийликте турганда көзгө көрүнөрлүк иш жасай албаган премьер-министрдин атын эл деле унутуп калды деген депутат, Куловдун шайлоодон утушка ээ боло албастыгын белгилейт. Ал Куловдун чечими оппозицияны сүйүндүрөт болуш керек деген ойдо:

- Оппозиция бир чети, бул чечимге сүйүнөт. Анткени Кулов койсо, Текебаевби, Сариевби, - ошолорго жолтоо болуп калмак. Кулов Бакиев менен жакын, мамлекеттик кызматта иштейт. Бакиев Куловду колдоп, өткөрбөсө да экинчи орунду берип, премьер-министр кылып, эки үч жыл иштетип коюшу мүмкүн болчу.

Куловдун шайлоого барар-барбасы азыр өлкө стабилдүүлүгүнө, саясий күчтөргө эч кандай деле таасир тийгизе албай тургандыгын саясат таануучу Орозбек Молдалиев да белгиледи. Анын айтымында, Кулов баары бир кыргыз тилин билбегендиги менен шайлоого бара албайт болчу. Азыр бийликти колдоого мажбур болуп турган Кулов, жөн гана өзүнө упай топтоо аракетин көрүп жатат, дейт Молдалиев:

- Ушундай ыкмалары бар саясатчылар болот. Упай топтош үчүн, “Мен шайлоого барбайм, мен бийликтин аракеттерин колдойм, тынчылык болсун деп жүрбөйбү. Мурун деле айтып жүргөн. Азыр деле мунун тактикасы бийликтин тегерегинде жүрүү болуп калган. Мурун деле “Ар намыс” оппозицияга кирбейт деген. Бул ошонун эле уландысы. Кулов эми бийликти эле колдогондон башка айласы жок. Анын электораты деле карып калган, партиясы деле чоң эмес.

Дагы бир саясат таануучу Токтогул Какчекеев азыр Кыргызстанда Конституцияда жазылган мыйзамдын талабын аткарган кишилер жок деп эсептейт. Ал азыр оппозициялык кыймыл деген бийликтин тепкичине алып келет деген көз караш орноп калганын айтып, эки жактын тең курамын азыр Феликс Кулов өңдүү эле адамдар түзөөрүн айтат:

- Эч кандай таасири жок. Булардын доору өтүп кеткен. Бүгүнкү күндө Кулов - бизнесмен. Ал чакан электр станцияларды куруп жатат. Ошол куруп бүткөндөн кийин ал миллиардер болуп, өзүнүн турмушун жакшы жолго салып, кыргыздын шартын, нугун, маданиятын үйрөнгөнгө жолу ачылат.

Президенттикке талапкерлер 18-майга чейин БШКдан каттоодон өтүшү керек. БШКнын маалыматына караганда, 21-марттан баштап саясий партиялар талапкерлерди сунуштоого, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн шайлоого, кол топтоого киришсе болот.

Президенттикке талапкерлигин койгон адам элүү миңден кем эмес кол топтоого тийиш жана мамлекеттик тил боюнча сынактан өтөт.

Ошентип, президенттик шайлоого карата чечимин алгачкылардан болуп бийликчил да, оппозициячыл да партиялар эмес, өзүн “конструктивдүү оппозиция” деп эсептеген “Ар-намыс” партиясы билдирип олтурат.

Р. Жээнбеков: Оппозиция бир талапкер менен чыгышы – учур талабы

27-мартта “Ата Мекен” партиясынын АКШдагы бөлүмү да БЭКтин Кыргызстандагы нааразылык акцияларына тилектештик иретинде Вашингтондогу кыргыз элчилигинин жанында митинг уюштурган. Митинг учурунда АКШдагы кабарчыбыз аталган партиянын бул өлкөдөгү бөлүмүнүн башчысы Равшан Жээнбековду Кыргызстандагы соңку саясий кырдаалга байланыштуу сөзгө тарткан.

- ММКда оппозициянын дагы бир өкүлү Кубатбек Байболовдун АКШга келгени айтылууда. Сиздер бүгүн ал кишини чакыра алдыңыздарбы?

- Биз ал киши менен жолуктук, ал жаңы гана учуп келди. Ошондуктан бүгүн митингге катышканга мүмкүнчүлүгү болгон жок. Бирок келечекте Кубатбек Байболов оппозициянын идеяларын, биздин мамлекетибиздин келечегин, бүгүнкүсүн оңдоо боюнча менимче бүт болгон мүмкүнчүлүгүн жана салымын кошот.

- Кыргызстандагы уланып жаткан саясий куугунтуктар, сиздердин санаалашыңар Аликбек Жекшенкуловдун камакка алынышы боюнча кыскача пикириңизди уксак?

- Биз Аликбек Жекшенкулов камакка алынгандан кийин Америкада жайгашкан бүт бардык демократиялык институттарга, Американын демократиялык процесстерди колдогон мамлекеттик уюмдарынын бардыгына бул жөнүндө маалымат бердик. Алардын көпчүлүгү менен мен өзүм жолугуп, өзүбүздүн көз карашыбызды айттык. Менин түшүнүгүмдө, байкашымда Америкадагы жайгашкан демократиялык институттар жана Американын уюмдарынын баардыгы Жекшенкуловдун камалышын саясий камоо катарында баалашат.

- Оппозиция алдыдагы президенттик шайлоого бир талапкер менен чыгат деп атат, сиздин оюңуз кандай?

- Менин оюмча, бул бүгүнкү күндүн талабы, саясаттын талабы болуп эсептелет. Эгерде оппозиция биригип бир лидерди алып чыкпай турган болсок, анда биздин бир эле оппозициянын келечеги эмес, мамлекетибиздин дагы келечеги Бакиевдин үй-бүлөсүнүн колуна толугу менен өтөт.

- Демек Кыргызстандын коомчулугу бириккен оппозициядан президенттик шайлоого жалгыз бир атаандашты күтөт турбайбы?

- Албетте, жалгыз бир атаандашты бир эле оппозиция эмес, жалпы эл да күтүп атат. Бирок саясатта ар кандай болушу мүмкүн. Эгерде оппозициянын ичинен кимде-ким БЭКтин чечимине каршы чыгып өз алдынча кете турган болсо, менимче, андай саясатчыларда бүгүнкү күндө мамлекеттик, же элдик кызыкчылыкты эмес, жеке өзүнүн кызыкчылыгын ойлогон саясатчылар деп айтса болот.

- Маегиңизге рахмат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG