Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 00:50

Кыргызстан

Жазуучулар дагы эки анжы, талаш уланууда

Өткөн жылдын жазынан бери Улуттук жазуучулар бирлигинде орун талаш, ким Кыргызстан калемгерлеринин башчысы болот суроосу курч коюлууда.

Мурда алты-жетиге бөлүнгөн жазуучулар уюму кайрадан бөлүнүп кетүү коркунучуна капталууда. Калемгерлердин талашына айланган маселе тууралу «Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусунун катышуучулары Улуттук жазуучулар бирлигинин катчысы Сейит Алтымышев, адабиятчы Садык Алахан пикир бөлүшөт.

- Сейит мырза, мурда эле ичара ынтымагы жок Улуттук жазуучулар бирдиги 3-4 бөлүнүп араң бирикти эле, эми дагы бөлүнүп кетүү коркунучунда турат, деген сөздөр айтыла баштады. Сиз жазуучулар биримдигинин катчысы катары адабият менен жазуучулар союзундагы кырдаалды кандай деп баалайт элеңиз?

Сейит Алтымышев:
- Адабияттын коомдогу ролу дагыле бийик бойдон калууда. Мына жазуучулар биримдигинин 75 жылдык юбилейи алдында турабыз. Улуттук адабиятыбыз дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлдү. Ал эми жазуучулар союзундагы абалды болсо 3-4 эле киши күүлдөтүп жатат? Акын Омор Султанов агабыздын жанындагы адамдар бир топ бийликке келип алып ушундай жагдайды жаратып жатат, деп жатышат. Демократия шартында гезиттер аркылуу коомдук пикир түзүп салуу оңой эле экен. Кадырман аксакалдарыбызды «уча талашкандар» деп жазып жатышат. Мына буюрса курултай болот, ошондо кимдин ким экени көрүнөт. Былтыр 22-майда жаңы топ келбедиби. Азыр татынакай эле иштеп жатышат. Мурда 4-5 болуп бөлүнгөнүбүз чындык. Ал жагы тыйындын аркасында болгон экен. Ошону бөлүшө албай калышкан экен. Бирок кийин бириккенде Улуттук жазуучулар союзу түзүлүп, анын башында Жалил Садыков турду. Мен анда катчы болчумун. Татынакай иштеп келгенбиз. Менин айтайын дегеним 4-5 киши коомдук пикир түзүп алып иштеп атышкандагы максаты жазуучулар биримдигин жаманатты кылыш. Булар биримдиктин башына жолой да алышпайт. Экинчиден жанагы жигиттердин деңгээлин сөз берсеңиз кийин айтып берем.

- Мен сизге дагы сөз берем. Кепти Садык мырзага узатайын. Адабияттын коомдук баркынын түшүшүнө жазуучулар союзундагы кырдаалдын таасири тийген жокпу?

Садык Алахан:
- Адабияттын коомдук таасири таптакыр башка. Ал коомго таасир көрсөтүп, атүгүл башка нукка буруп жибериши деле мүмкүн. Социализм доорунда бийлик адабиятты идеологиялык максатта пайдаланды. Бирок ошол эле учурда жазуучулар союзунда мүчө сүрөткерлер турмушта болуп жаткан чындыкты көзгө сая айтып, мисалы, О.Мандельштам, А.Ахматова, бизде К.Жусубалиевдер коомдогу оң-терс көрүнүштөрдү жашырбай айтып, адабияттын озуйпасы жалаң эле мактоо айтуу эмес экенин көрсөтүп келишпедиби. Сейит ага жазуучулар уюмундагы абалды жакшы айтты. 75 жыл деп атпайбы. Ал адабияттын эмес, жазуучучулар уюмунун уюштурулушунун 75 жылдыгы. Ошол союз, пролетар жазуучулар уюшулганда А.Токомбаев, К.Тыныстанов сындуу сүрөткерлердин деле ичара пикир келишпестиктери болгон. Бирок а кезде большевиктик бийликтин камчысы катуу болгон. Же болбосо 1962-жылкы У.Абдукаимовдун «Майдан» романынын талкуусун алалы. Ошондо деле жазуучулар экиге бөлүнүп кетиши мүмкүн болгон. А.Токомбаевди колдогондор бир тарап, У.Абдукаимовду колдогон Т.Сыдыкбеков, Ч.Айтматовдор бир тарап. Коммунисттик бийликтин катуулугунан унчукпай калышкан. 1991-жылкы эркиндиктен кийин Кудай бетин салбасын мурда 2 жакты, 7 жакты карап келген жазуучулар бөлүнүп, бирок коом турукташа баштаганда кайра биригүү зарылдыгын сезишип Опера жана балет театрында жыйын өткөрүшкөн. Ал жерде баарыбыз бир добуштан Жалил Садыковду шайлаганбыз. Анан Надырбек Алымбеков келди. Андан соң Анатай Өмүрканов келди. Артынан Омор Султанов келди. Абдырахман Алымбаев келди. Ушинтип кайра-кайра келишип болбой жатпайбы. Эми маселени курултай чечиши керек. Ансыз көрүнгөнү көрүнгөндү айта беришет. Курултай баарын чечет.

- Сейит мырза, жазуучулар төрагалыгына кызыгуунун себеби эмнеде? Биримдикке өкмөт машине, үй, материалдык колдоо көрсөтүп жатабы?

Сейит Алтымышев: - Бул иште президенттик аппараттын, өкмөттүн кемчилиги жок. Улуттук жазуучулар союзу түзүлгөндө А.Акаев бир кемчилик кетирген. Ойлонуп жасаганбы, ойлонбой жасаганбы же шарт ушундай болгонбу, билбейм. Анын буйругунда Улуттук жазуучулар биримдиги түзүлсүн, экинчи пунктунда мамлекеттик каржылоого алынсын, деген жазуусу бар эле. Ал элдин алдында жарыя кылынып, эртеси кагазга чыккандан ошол 2-пункту жок чыкпадыбы. Чынбы, Садык мырза? Илгертен мамлекеттик каржылоодо жүргөн кишилер. Бир калем акысы бир машине болчу. Азыр машине канча? Машинеси болбосо да моралдык жагы бар. Калем акысы үй тиричилигине кенен жетчү. А кезде ресторанда жазуучулар эле отурчу экен. Айрым аксакал жазуучулар мүшөктөп акча алчу элек деп мактанышчу. Чынында эле ошондой болчу. Анан бийликке баары эле кызыгат. Анын үстүнө президенттик катчылык курултайга деп 2 миллион сом акча бермек болгон. Булар алты ай болду кыйкырып жүрүшөт. 75 башкармалык мүчөсү бар. Ошолордун 69 калган. 46 киши катышканда кворум болду деп эсептелинет. Булар айтып жаткан 42 киши отургандар. 6 киши кирип отуруп, кат жазып кеткендер. Бизде кворум болгон. Садык мырза курултайда чечип коебуз, деп жатпайбы. Бул жанагы 4 кишинин эле ою. Курултайда чечилбейт.

- Садык мырза, чоң маселеге айланып жаткан мына ошол кворум маселесине тактык киргизе кетсеңиз.

Садык Алахан: - Сейит ага 4-5 эле киши деп жатпайбы. Мен эмнеге жанагы катка кол койдум? Жазуучулар союзунда мен дагы иштегем. Ал эми кворум маселесин мен да тактадым. Ошол 22-майдагы пленумда башкармалыктын калган 69 адамдын 46 жазуучу келиши керек эле. Катышкан эмесмин, кол койгон эмесмин, деген кагаздарды көрдүм.

Сейит Алтымышев: - Антип 4-5 киши кыйналбагыла. Мага келгиле. Адилет министрлиги бар. Ал жердегилер да текшерет. Анан отурган кишилердин ичинен бирөө каршы болбой, анан келбегендер сиздин оюңуз боюнча каршы экен да. Анан кол койгондор, М.Буларкиева кол койгон эмесмин. Кошунам, абдан жалдыраганынан буларга кол коюп койгонун айтат.

Садык Алахан: - Ал эми өзүнүн абийириндеги иш да.

Сейит Алтымышев: - Сиздин деле абийриңиз бар да.

- Эми суроого кыскача жооп берсеңиздер. Мына Сейит мырза, сиз президенттик катчылык 2 миллион сомду бөлүп атканын айттыңыз. Буга чейинки жазуучуларга бөлүнгөн акчалардын талашы эмдигиче айтылып, талаш чакырып келатат. 2 миллион сом да ошентип талашка түшүп кетпейт, деп айта аласызбы?

Сейит Алтымышев: - Айта алам. Анын сметасы тыйынына чейин эсептелген. Биз катчылыкка маселе койдук. Көркөм адабият элге жетпей жатат. Миң нускада китеп чыкса ал кимге жетет?

- Садык мырза, кеп сизде.

Садык Алахан: - Адамдык абийир, ар намыс болуш керек. Мына жазуучулар биримдигинин жаңы жетекчилигинин жообу гезитке чыкты. Ч.Айтматов таарынып кетип, деп жүрөт. Ч.Айтматов таарынып кетпей эле «Иностраннная литература» журналына башкы редактор болуп Москвага ишке которулуп кеткен.

Сейит Алтымышев: - Балдар редакциялап кетирип коюшкан го. Жазуучунун өңү анын жазган чыгармасында. А бул чыр жазуучуга пайда деле алып келбейт. Нааразы болгондор келгиле такташалы. Анан эмне үчүн берки гезитти, Омор Султановдун жазгандарын эмнеге албайсыңар? «Уча талашкандар» деп атпайбы. Өй, айланайын, калптын да жөнү болот.

Садык Алахан: - Өткөн чогулушта ал да айтылбадыбы.

- Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик.

Жаңырган жуманын маданий окуялары

Ар жекшемби сайын Бишкек шаарынын кичинекей бөбөктөрү жана коноктору жомокторду көрө алышат.

Куурчак театрында ар жекшембиде балдар үчүн жомоктор көрсөтүлөт.

Театр жетекчиси Темирлан Сманбеков кабарлагандай театрдын репертуарында ар бир улуттун жана кыргыз элинин жомоктору бар.

Кыргыз-Артекс көркөм өнөр борборунда жаш фотосүрөтчүлөрдүн иштеринен турган көргөзмө ачылды.

Ольга Мануйлованын үй музейинде Сүрөтчү аялдар ассоциациясына кирген кыл калем чеберлеринин көргөзмөсү өтүүдө.

Анда ар кыл темада, түрдүү жанрда тартылган сүрөттөр жана прикладдык көркөм өнөрдүн эмгектери коюлган.

Ч.Айтматов атындагы орус драма театрынын артисттери бул жумада Лопе де Веганын “Айлакер сүйүшкөндөр”, Мар Байжиевдин чыгармасына коюлган "Теңири Манас" спектаклин тартуулашат. Мындан сырткары театрда Николай Коляданын “Театралдык роман” спектакли коюлат.

Алардын катарында ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган “Кызыл алма” спектакли да бар. Бул оюнду режиссер Нурлан Асанбеков койгон. Орус драма театрынын жетекчисинин орун басары Елена Смирнова спектаклде Хуан Рамондун ырлары колдонулгандыгын айтып, мазмунуна токтолду.

-Оюнда үй-бүлөдөгү жубайлардын ар кыл көз-караштары чагылдырылган. Мисалы жолдошу аялы каалагандай камкор, күйүмдүү күйөө боло алабы же болбосо келинчеги жаңы үйлөнгөн кездериндей ачык, шайыр, жароокер жар боло алабы. Экөөбү бири-биринин кемчиликтерин карабай үй-бүлөнү сактап кала алышабы деген суроолор камтылган.

Кыргыз циркинде Орусиядан келген эргежел цирк артистеринин оюну башталды.

Оюндун уюштуруучуларынын бири Елена Попова кабарлагандай цирк күйөрмандары бул программадан ар кыл жанрды камтыган кызыктуу оюн-зоокко күбө болушат. Анда маскарапоздор, аба гимнастары, акробаттар, жана үйрөтүлгөн түрдүү жаныбарлар бар. Алардын арасында ит, мышык, уй, маймыл, жыландардын түрлөрү жана башка жаныбарлар.

Орусиялык цирк артистеринин оюн-зоогу 17-январга чейин созулуп, эс алуу күндөрү тартууланат. Бул программага беш жашка чейинки балдар бекер киришет.

И. Исаков боюнча сот чечими бүгүн түштөн кийин чыгат

11-январда Бишкек гарнизондук сотунда айыпталуучу генерал-лейтенант Исмаил Исаковдун акыркы сөзү угулду. Анда Исаков коюлуп жаткан айыптардын бирөөсүн да мойнуна албасын жана ал саясий себептерден куугунтукка алынып жатканын билдирди. Исаков боюнча соттун чечими 11-январда саат 16:00дө угузулаары жарыяланды.

Президент Курманбек Бакиевдин ички, тышкы жана кадрдык саясатына макул эместигин билдирип, 2008-жылы октябрь айында Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан кеткен Исмаил Исаковго байланыштуу соттук териштирүү өткөн жылдан бери уланып, быйыл мына соңуна чыгуу алдында турат.

11-январда Исмаил Исаков акыркы сөзүн сүйлөдү. Судья Серик Абиевге кайрылуудан баштаган сөзүндө Исаков алгач эле буларга токтолду:
Азыркы кырдаал Кыргызстанда укуктук мамлекеттин, демократиялык - элдик бийликтин жоюлушун айгинелейт...

- Бүгүнкү сиз кабыл ала турган чечимиңизди коомчулук, жалпы кыргыз эли адилеттүүлүк болоор бекен деген үмүт менен күтүп жатса, Ак үйдүн жетинчи кабатында отурушуп “заказ” бергендер кыбаасы кана, бизге каршы чыккандар мына ушундай болот деп маашырланып отурушат. Түзүлгөн мына ушул кырдаал Кыргызстанда укуктук мамлекеттин, демократиялык - элдик бийликтин жоюлушун, анын ордуна үй-бүлөлүк, криминалдык, тоталитардык бийликтин толугу менен орноп калганын айгинелейт.

Андан кийин Исмаил Исаков 2008-жылы Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан кетүү себебине токтолуп, мына ошондо айтылган сыны, андан кийинки саясий ишмердүүлүгү үчүн соттолуп жатканын белгиледи. Ал коюлуп жаткан бардык айыптарды четке какты. Балыкчы аскердик бөлүгүндө техникалардын жоголушу боюнча жыл бою жаманатты кылып олтуруп, аягында прокуратура айыпты алууга аргасыз болгонун, калган коюлган күнөөлөр боюнча да айыбы жоктугун дагы бир жолу белгиледи.

Ошондой эле бийлик башындагылар үчүн генералдык наамы керек болсо, аны өткөрүп берүүгө даярдыгын айтты:
Мен 40 жыл маңдай терим, таза ишим менен тапкан байлыгым - генералдык чиним эле. Ушул байлыгым Бакиевдерге жетпей жатса керек...

- Айыпталуучулар сизден мени 8 жылга эркимден ажыратууну жана башка жазаларды кошуп сурашты. Мен, 1969-жылдан бери, мына 40 жыл болуптур, кырк жыл маңдай терим менен, адилет, таза ишим менен тапкан байлыгым - генералдык чиним эле. Сураткандарына караганда ушул байлыгым Бакиевдерге жетпей жатса керек. “Байлык, бийлик колдун кири”-деп бийлигин былтыр эле өткөрүп бердим эле, азыр сизди кыйнабай эле, өз эрким менен генерал-лейтананттык наамды да өткөрүп берейин, - деген генерал Исаков генерал-лейтенанттык кош жылдыздуу белгини судьянын алдына койду.

Бирок адвокат Азимбек Бекназаров “Башкы аскердик судья Абышкаевдин таза эмес колу ага тийгенге акысы жок”,- деп генералдык белгини алып койду.

Өз сөзүн Исаков мындайча аяктады:

- Немис элинин гений акыны Вольфганг Гете “Эркиндик үчүн ким күн сайын күрөшсө, мына ошол гана ага татыктуу” болот деген экен. Ошондуктан биз эркиндик, адилеттүүлүк, Кыргыз элинин, мамлекетинин бакубаттуулугу үчүн күн сайын күрөшкө чыгышыбыз керек! Мына ошондо гана биз максатыбызга жетебиз!

Урматтуу сот! Мага коюлган күнөөлөр негизсиз, айыптарды моюнга албаймын. Мага козголгон кылмыш ишти саясий куугунтук деп эсептеймин. Сизди адилеттүүлүккө чакырам.


Исмаил Исаковдун акыркы сөзү угулгандан кийин судья Серик Абиев чечим бүгүн саат 16:00дө жарыяланарын айтып, кеңешүүчү бөлмөгө кетти.

И. Исаковдун соттогу акыркы сөзү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

Ж. Оморов: Бааны көтөрүү менен социалдык коргоону күчөтүү керек эле

Өлкөдөгү энергетикалык кырдаал, баалардын көтөрүлүшүнө байланыштуу суроолорго мурдагы өкмөт башчы Феликс Куловдун экономика жана энергетикалык маселелер боюнча кеңешчиси, азыр көз карандысыз талдоочу Жаныбек Оморов жооп берди.

- Жаныбек мырза, январдан тарта Кыргызстанда электр кубатынын баасы эки эсеге кымбаттап, өкмөт мындай чечимге энергетикалык абалды оңдоо үчүн барганын айтты. Ошол эле учурда айрым талдоочулар бул энергетика тармагында коррупцияны көбөйтөөрүн айтып жатышат. Сиздин оюңузча, бул абалды оңдойбу?

- Биринчиден, дүйнөлүк энергия ресурстары кыйла кымбаттап атпайбы. Бизде да бул маселе көп жылдан бери өкмөттө талкууланып келе жаткан. Анан эксперттер энергетиканын баасы экономикалык чыгымдарды жаба турган баага көтөлүлмөйүнчө өнүкпөйт деп айтып келген. Бул жагынан алганда туура, көп жылдардан бери энергетика маселеси көтөрүлбөй башка энергия ресурстарынан кыйла төмөн болуп калган, мисалы газды алып көргүлө. Ошондуктан баа көтөрүлбөсө Кыргызстан бул жагынан уттурат, энергетика тармагы өнүкпөйт. Баанын көтөрүлүшү экономикалык жактан алганда туура нерсе. Эгер төлөмдөр энерго секторду кармап, керектүү инвестицияларды жасаганга жеткендей болбосо эртең биз такыр энергиясыз калып калышыбыз ыктымал деген сөз.

Экинчи жагынан алганда, албетте коррупция, каржы дисциплинасы көп жылдардан бери биздин мамлекетте проблема болуп жатат. Эми менин оюмча, жакшы ыкмалар, эл аралык тажырыйбаларды пайдалансак туура. Каржы дисциплинасы, каржы менеджменти, энерго компаниялар кандай башкарылыш керек? Бул жөнүндө бизде бир топ эксперттер пайда болду, көп маалымат бар, эл аралык принциптерди колдонсок болот. Ошол экөөнү чогуу алып барбасак албетте проблема болот, жөн эле тарифти көтөрүп коюп көзөмөл болбосо, каржы дисциплинасы бекемделбесе болбойт.

- Бирок бааны кескин көтөрүп жиберүүгө коомчулукта бир топ каршылыктар бар, мисалы ошол эле электр энергиясынын жоготууларын эске алган жок, ошол жоготууралды азайтып, бааны акырындап көтөрсө болмок деген пикирлер айтылууда?

- Бир нече жыл мурда да ушундай сунуш айтылган, социалдык кыйынчылыктар болбош үчүн бааны акырындык менен көтөрүп отуруп, экономикалык чыгымдарды жаба турган деңгээлге жетели дегендей. Анткени Кыргызстанда энергия баасы башка мамлекеттерге салыштырмалуу абдан эле төмөн. Эксперттердин оюнча, ал чыгымдарды жаппай жатат. Өкмөт эми ар кайсы себептер менен баалар көп жылдардан бери көтөрүлбөй, чыныгы баа төмөндөп кеткендигин эске алып, азыр көтөрүп жатат деп ойлойм. Көп жылдан бери көтөрүлбөй келип, эми чукул көтөргөнгө мажбур болду.

Анан албетте өкмөт деле аракет кылган көрүнөт, негизи мындайда элге көбүрөөк түшүндүрүп, эксперттер менен алдын ала анализдесе социалдык проблемалар аз болмок. Экинчиден, социалдык коргоо маселеси жакшы каралыш керек. Чоң бизнесмендер, чоң компаниялар эч нерсеге муктаж эмес, толук баасын төлөгөнгө даяр. Ал эми төлөй албаган элдин катмарына социалдык жардам жакшы көрсөтүлүш керек.

- Маегиңизге рахмат.

Акмандык депутаттар Конституциялык Сотко кайрылат

11-январда Базар-Коргон районунун Акман айылдык кеңешинин депутаттары Конституциялык Сотко кайрылганы жатышат. Алар президенттин айрым жардыктары баш мыйзамды бузган деген фактыларга соттон баа берүүнү талап кылышмакчы. Акман айылынын депутаты Турдаалы Сулайманов “Азаттыкка” маек курду.

- Президенттин кайсыл жардыктары Конституцияга туура келбейт, бузду деп айтып жатасыздар?

Турдаалы Сулайманов: Өкмөттүн азыркы курамы Конституцияга туура келбей калган жерин министрликтер, агенттиктер, департаменттер Кыргыз Республикасынын Конституциясына туура келбей түзүлүп калгандыгы жөнүндө ушул маселени тактап беришин Конституциялык Сотко элдин атынан кайрылдык эле.

- Демек сиздер башкаруу системасындагы жаңы реформага байланыштуу арыз даярдап жаткан турбайсыздарбы?

Турдаалы Сулайманов: Ооба, өкмөттүн саясаты, электр жарыгынын баасынын кымбаттап кеткендиги жөнүндө нааразычылык болуп атат. Себеби 72 тыйындан төлөй албайбыз, азыр 1 сом 50 тыйындан мен өзүм баш болуп төлөй албай турган абалдабыз.

- Жогорку Кеңештин төрагасы Зайнидин Курманов “Азаттыкка” курган маегинде “президентке өзүнүн администрациясын өзгөрткөнгө, өзүнө баш ийген мамлекеттик органдарды түзүп, жоюп, кайра уюштурууга Конституция өзү укук берет” деп айтты эле. Сиздер кандай тыянак күтүп жатасыздар? Балким ушуга таяп койушпайбы?

Турдаалы Сулайманов: Тактап беришин гана суранып, жазып жатабыз да. Мисалы, айыл чарбасында суу чарба деген департамент бар эле - муну жаратылыш ресурстары деп бул жакка кошуп салды. Маданият министрлигинин департамент болуп калышы... Ушуга окшогон көйгөйлүү маселелер.

- Президент ушул өзгөрүүлөргө барып, жаңылап жатып айтты эле “бул өкмөттүн мобилдүү, натыйжалуу иштеши үчүн ушундай кадамдарга барып жатабыз” деп?

Турдаалы Сулайманов: Конституциянын бузулуп калган, чектелген жерлерин тактап берүүсүн суранып кайрылуудабыз.

- Рахмат маегиңизге.

Журналист Алишер Саиповду ким аткан?

2007-жылдын 24-октябрында атып өлтүрүлгөн журналист Алишер Саиповдун атасы башкы прокурорго, ички иштер министрине жана сотторго жолдогон кайрылуусунда уулунун өлүмүнө байланышкан кылмыш иши чала тергелгендигин белгилеп, окуяга катыштыгы бар деп шектеген айрым адамдардын суракка алынышын талап кылууда.


Чубактын кунундай чубалган иш

Маркум журналист Алишердин атасы Авас Саиповдун айтышынча, милиция кылмыш ишин кайра тергеп, уулунун өлүмүнө күмөндөлгөн бардык кишилерди сурак кылганда, үч жылдан бери Чубактын кунундай чубалган, бирок президент Курманбек Бакиевдин жеке көзөмөлүндө турган маселеге эбак чекит коюлмак.
Авас Саипов

- Себеп дегенде мен минтип жөн жеринен сүйлөп жаткан жокмун, - дейт Авас Саипов. – Бардыгына өзүмдүн жетишээрлик далилдерим бар. Окуяга күч органдарынан ким катышкандыгын мен жазуу түрүндө ички иштер министрлигине тапшырдым.

Авас Саипов башкы прокурорго, ички иштер министрине жана сотторго жолдогон кайрылуусунда «Саясат» гезитин жетектеген уулунун өлүмү кесиптик ишмердүүлүгүнө түздөн-түз байланышкандыгын, муну саясий буюртма катары эсептей тургандыгын, Алишердин көзүн тазалоо өзбек-кыргыз атайын кызматтарынын жардамы аркасында жүзөгө ашырылгандыгын баса белгилейт.

Сөз арасында Авас Саипов уулу көзү тирүүсүндө Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматына чакырылып, бир нече ирет сурак кылынгандыгын айтып, ошол эле учурда Өзбекстандын облустук телеканалдарында «Саясат» гезитинин башкы редакторун жаманаттылаган материалдар көп ирет кайталанып көрсөтүлгөндүгүн билдирди. Ошондой эле Алишердин өлүмүнө байланышкан иштин бетин ачаар ачкыч жети адамдын колунда экендигин, алардын арасында журналист Даврон Насибханов, милиция кызматкери Шакир Зулимов бардыгын шардана кылды.

Аваз Саипов күмөн санагандар эмне дейт?

Бир кезде Алишер Саипов менен «Саясат» гезитинде чогуу иштеген Даврон Насибхановду кепке тарканыбызда, буларга токтолду.

- Тергөө милициянын тажрыйбасыз экендигин көрсөттү. Башынан эле Алишер Саиповдун кесиптик ишмердүүлүгүнө байланышкан жагдайларга басым жасап, эч кимден, кайсыдыр бир мамлекеттен коркпостон териштирүү жүзөгө ашырылганда, бизге да мынчалык сөз тиймек эмес, - деген Даврон Насибханов ырасташынча, ал маркум кесиптешинин атасы күмөн санагандай Өзбекстандын атайын кызматынын адамы эмес. Алишер Саиповдун атылышы ал үчүн да орду толгус жоготуу болуп эсептелет.
Ал эми жогорку органдарга кайрылууда ысымы аталган Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шакир Зулимов Алишер Саиповду тың журналист катары билээрин, бирок аны менен эч качан мамиле түзбөгөндүгүн, окуя шаарда болгондуктан, ага кымындай тиешеси жоктугун маалымдады.

Буга улай ички иштер министрлиги Авас Саиповдун дооматын жүйөөсүз деп эсептейт.

- Бул иш боюнча биринчи Абдуфарит Расулов аттуу кыргыз жараны кармалган. Тинтүү жүргүзгөндө жанынан ПМ тапанчасы табылган. Экспертиза андан маркум Алишер Саипов атылган деп корутунду чыгарган. Кыскасы, бул иш дале сот өндүрүшүндө турат. Ал эми ошол тапанчаны мен алган элем деп Тажикстандын жараны Шарахматуллаев көрсөтмө берген. Азыркы тапта эки өлкөнүн милициясы аны биргелешип издеп жатабыз. Ал киши, тилекке каршы, кармала элек, - деди ички иштер министринин орун басары Расулберди Раимбердиев «Азаттыктын» суроолоруна жооп кайтарып жатып.

Анткени менен ички иштер кызматкерлери кыргыз журналистинин өлүмүнө шектүү деп кармаган мурдагы милиционер, Лейлек районунун тургуну Абдуфарит Расулов былтыркы соттук териштирүүнүн жүрүшүндө 2007-жылдын 24-октябрында Ош шаарында болбогондугун, муну тастыктай турган күбөлөр бардыгын айтып, тагылган айыптын бирин дагы мойнуна алган эмес.

Ошентсе да, оштук журналисттер «Саясат» гезитинин 26 жаштагы баш редактору Алишер Саиповду чындап аткандар жана аны буюртма кылгандар ашкереленип жазаланбаса, өлкөдө кабарчылардын өмүрүн кыюу адатка айланаарын, мындай шартта сөз эркиндиги жок болоорун эскертүүдө.

Кочкордо төрөттөн төрт аял каза тапты

Кочкордо беш айда төрт аял төрөттөн ажал тапты. Алардын үчөө 20-21 жаштагы тун энелер экенин укук коргоочу Чынара Тургуналиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мындай көрүнүш райондук төрөт бөлүмүндөгү дарыгерлердин шалаакылыгынан улам чыгып отурат.

Төрөттөн каза тапкан келиндердин жакындары Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Жогорку Кеңеш депутаттарынын дарегине кайрылуу жолдошуп, акыйкаттык таппай жатышканын айтып, “Азаттыкка” кайрылышты. Алар аймактык оорукана жетекчилигин жоопкерчиликке чакырып, өз ишин билбеген дарыгерлерди кызмат ордунан алуу талабын коюшууда. Булардын таламын талышып жаткан Чынара Тургуналиева “Азаттыкка” маек курду.

- Чынара айым, сиз Кочкордо беш айда төрт аял төрөттөн ажал тапканын айттыңыз. Бирок сиз ушу күнү да дарыгерлердин кош көңүл мамилесинен ымыркайлардын өлүмдөрү катталып жатканын айттыңыз. Мисал келтирсеңиз.

Чынара Тургуналиева: 2009-жылдын 28-ноябрь күнү Көк-Жар айылынан жаш келин толготуп келип, ушул кыштын күнү дарыгер төрөт бөлүмүнө кабыл албай, сыртта, сууктун күнүндө 2 саат үшүп туруп, жолдошу дарыгер таппай, аралыгы бир-бир жарым саат убакыт өтүп кетип, качан гана келин чыдабай калган кезекте дарыгер келип, анан ошондо да аны кабыл албай, келин сыртта тура берген.
"Бала тирүү калмак экен, сиздердин кайдыгер мамилеңерден улам бала 3 килограмм 900 грамм төрөлүп, ичинен өлүп калган" деп айтты.


Чыдабай калган кезде жолдошу дарыгерге кайрылганда "Балыкчыга барып төрөйсүңбү, кайсыл жакка барып төрөсөң ошол жакка барып төрөй бер" деп кайдыгер мамиле жасаган. Ошондо жолдошу "эгер жолдон төрөп салса эмне кылам" дегенде, Кадыркулова деген врач кошулуп барган экен.

Андан кийин Балыкчы шаарынын төрөт үйүнүн дарыгери "райондук төрөт бөлүмүнө келгенде, тез арада төрөткө кабыл алганда, бала тирүү калмак экен, сиздердин кайдыгер мамилеңерден улам бала 3 килограмм 900 грамм төрөлүп, ичинен өлүп калган" деп айтыптыр. Бирок ошол кезекте дарыгерди "сиз өзүңүз алып келиптирсиз, эми аягына чейин операцияга катыш" десе катышпай Кадыркулова качып кеткен экен.

- Бул фактылар боюнча сиздер кайсы жерлерге кайрылдыңыздар?

Чынара Тургуналиева: Биздин төрөт үйүндөгү Зуура Мураталиева ошол энелердин өлүмү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине 16-сентябрь күнү арыз менен кайрылган. Ошол күндөн ушул күнгө чейин министрлик тарабынан эч кандай чара колдонулган жок. Текшерүү барып атат дейт, бирок жыйынтыгын азыркы күнгө чейин уга элекпиз.

Андан тышкары Зуура Мураталиева төрт эненин өлүмү жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Ибрагим Жунусовго кайрылган. Сессияда каралган, бирок азыркы күнгө чейин жообун уга элекпиз. Жообун беребиз дешүүдө, биз ошону күтүп жаткан кезибиз.

"Азаттыктын" маалыматы: Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Кыял Мамбеталиевдин билдиришинче, соңку учурда укук коргоо органдарынын сурагына алынган акушер-гинекологдор кысымга чыдабай иштерин таштап кетип жатышат. 2009-жылы эле отуз төрт акушер-гинекологдун он төртү жумушун которгон.

"Азаттыктын" архивинен: Жаш айымдар эне болууга даярбы?

"Азаттык +" сыналгы берүүсүнүн бул чыгарылышында "Жаш айымдар эне болууга даярбы?" деген көйгөйлүү маселе талкууга алынды. Андан сырткары "Эмне үчүн айрым жаш энелер төрөттөн көз жумду? Буга ким жоопкер?" деген сыяктуу орчун суроолор козголду. 19.10.2009

"Жаш айымдар эне болууга даярбы?"
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:32 0:00

Т.Акун: Авас Саиповдун айткандарынын жөнү бар

Турсунбек Акун, Кыргызстан Акыйкатчысы.

2007-жылы 24-октябрда киши колдуу болгон Алишер Саиповдун атасы Авас Саипов уулун өлтүрдү делип кармалган адам чынында күнөөсүз экендигин айтып келатат. Ал буга чейин президентке, күч органдарына, сот органдарына ачык кайрылууларды жасап, шектүү адамдар бош жүргөнүн, уулун өлтүрүүгө Кыргызстан менен Өзбекстандын күч органдарынын катышы бар экенин айткан. Бул ишти өткөн айда Жогорку Сот кайрадан Ош шаардык сотуна жөнөткөн. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун бул тууралуу кабарчыбыздын айрым суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: - 2007-жылы 24-октябрда журналист Алишер Саипов киши колдуу болду эле. Ошондон бери соттук териштирүүлөр бүтпөй келе атат. Мына былтыр, мурдагы жылдан бери Алишер Саиповдун атасы Аваз Саипов Жогорку Сотко, Ички иштер иинистрине, Генералдык прокуротурага, президентке чейин ачык каттарды жазып, уулунун өлүмүнө тиешеси бар делген фамилияларды дагы ачык айтып атат. Ал Ички иштер иинистрлигин дагы айыптоодо, “ушулардын дагы катышы бар” деп. Бул боюнча сиз кандай ойдосуз, деги эле Аваз Саиповдун “арыздарым колго алынбай жатат” деп айтып атышынын жөнү барбы?

Турсунбек Акун: - Менимче жөнү бар. Анткени мен 2007-жылы мамлекеттик делегациянын башчысы катары президенттин айтуусу боюнча Варшавага барып, мамлекеттин атынан доклад жасадым. Ошондо бизге эл аралык коомчулук, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) күнөө койду. Алишер Саиповдун өлүмү ушул убакка чейин Кыргызстандын бийлиги, укук коргоо органдары тарабынан ачылбай атат, ушуну ачканга жардам бериңиз же ачканга жетекчиликке айтыңыз деп айтышкан мага. Ошондон келгенден бери бүткүл кыргыз бийлигине айтып атам колумдан келишинче.

Аваз Саиповдун айтканы туура.

Анткени биз ошол Алишер Саиповду өлтүргөн адамдын бетин ачып, сотко берип, буга чекит коюшубуз керек эле. Биз анте албай келатабыз. Бул - кыргыз мамлекетинин аброюна аябай шек келтирүүдө. Андан кийин канчалаган журналисттер өлтүрүлүп кетти, канчалаганы сабалып атат. Ушунун баары Алишер Саиповду өлтүргөндөр жазаланбай жүргөндүктөн, табылбай аткандыктан, аягына чыкпай жаткандыктан болуп атат. Башка дагы өлтүрүүлөр, башка дагы уруп кетүүлөр болуп атат.

Бирок мен айтып коёюн, Аваз Саипов дагы бир жактуулукка жол берип атат.

Ал адам дагы кичине баласынан кийин нерв жагынан жабыркаганбы билбейм. Мисалы, мага келиптир, мен кабыл алайын десем 15-20 мүнөт күтүп эле кетип калган экен. Акыйкатчы институту менен биргелешип иштешсе дагы көп нерсе болот эле. Антпей эле ал адам ар кайсы жакта жүрөт. Кичине чыдамдуурак болуш керек да. Эми ал киши жамандык көрдү. Билип атам. Бирок ошентсе да биз менен иштешсе деген менин каалом бар.

“Азаттык”: - Былтыр киши колду болгон Алишер Саиповду өлтүргөн адам табылды деген маалымат чыкты эле. Аны Абдуфарид Расулов деген адам өлтүрүптүр, мойнуна алып атат деп Ички иштер министрлиги президентке дагы кабарлаган эле. Билесиз, бул иш президенттин көзөмөлүндө. Бирок жанагы кишини Алишер Саиповду өлтүргөн эмес деп Аваз Саипов такыр ишенбей жатат, өлтүргөндөр такыр эле башка деп..?

Турсунбек Акун:
- Мындай да, Аваз Саипов бекер айткан жок. Ал өзүнүн божомолдоосун айтып жатат. Өзүнүн канынан чыккан баласы да.

Эгерде тергөө процесси ачык-айкын болгондо, убагында оперативдик иш-аракет жасалганда, ИИМ катуу аракет кылганда андай түркүн божомолдор чыкпайт эле. Тергөө жакшы иштебей, издөө жакшы жүрбөгөндүктөн ушундай божомолдорго жол берилүүдө. Күчтүү фактылар менен ошол А.Расуловду эл алдына алып чыкпайбы, басылмаларга чыгарбайбы. Ошондой иштерди жасабагандыктан биздин ИИМ өздөрү күнөлүү болот да. Анткени далилдүү фактырар жетишпей атат, коомчулуктун алдында Алишер Саиповду өлтүргөндөрдү далилдешибиз керек. Албетте андай болбосо Аваз Саипов айтат, мен да айтам, журналисттер даайтышат. Анан түрдүү адам түрдүүчө жазат.

“Азаттык”: - Аваз Саиповдун айтымында, Ички иштер министрлигинин айрым кызматкерлери да буга тиешелүү. Оштогу жергиликтүү чиновниктердин арасынан айрымдардын, Бахтияр Токтоматов сыяктуу бир катар адамдардын ысымдарын айтып, ошолор суралбай атканына ал киши абдан нааразы..?

Турсунбек Акун: - Менин тергөө ишине кийлигишкенге акым жок. Бирок бул киши баласы өлгөн адам.

Анан ал түрдү адамдарды айтат. Айтканга акысы бар. Мунун баардыгын тергөө амалдарын жүргүзүп, бийлик өзү буга чекит коюп, фактылар менен далилдеш керек.

Бул кишинин айтканынын да жөнү бар, бүткүл шектүү делген адамдардын баары суралышы керек.

“Азаттык”: - Маегиңизге чоң рахмат!

“Эл үнүнө” кайрылгандар отун көйгөйүн да көтөрүүдө

“Эл үнү” апталык программасына кайрылган “Азаттыктын” угармандары Кыргызстанда сот системасын реформалоо зарылдыгын, отун-сууга тарифтерди төмөндөтүү керектигин айтышып, түштүктө чек ара маселеси негизги көйгөйлөрдүн бири болуп жатканын билдиришти.

Сот жана реформа

Бишкектеги “Азаттыктын” кеңсесине телефон чалып, “Эл үнү” апталык программасына кайрылган Орозбү Ашымбаева соттор адилеттиктен тайып калганын белгилеп, сот системасын реформалоону президент өзү көзөмөлгө алуусу керек деп эсептейт.

- Кыргызстанда сот системасын реформалоо керек. Улуттук сот кеңеши, Жогорку соттун төрайымы Жаңыл Алиева, Конституциялык сот адилет, калыс иш алып бара алышкан жок деп айтса болот. Мисалы мен 1990-жылдан бери Ош шаарынын мэриясы менен соттоштум. 19 жылдан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын, Адилет министрлигинин кызматкерлеринин документтерди туура эмес текшергендиктеринен улам мага окшогон адамдар жабырланууда. Алардын мыйзамсыз иштегендиги үчүн кызматтан кетүүсүн талап кылат элем. Мен Кырыгзатындын президенти Курманбек Бакиевден сот системасын таза реформалоону, ишин чала билген кызматкерлерди кызматтан кетирүүсүн суранат элем.



Отун-суу бир балаа болду...

Жакшылык Билал аттуу жигит ордо шаар четиндеги жаңы конуштарда электр кубаты маал-маалы менен эмес, күнүгө өчүрүлүп жатканын, анын кесепетинен компьютер, муздаткыч, телевизор, электр плиталары күйүп кетип жарактан чыгып жатканын санааркоо менен белгиледи.

Бишкектин дагы бир тургуну Базаркүл аттуу ардагер "өкмөт башчы кары-картаңдардын пенсиясы төрт миң сомдон" дегени жалган дейт.

- Мына өкмөт башчы өзү айтып жатат ардагерлер төрт миң сомдон пенсия алат деп. Кана ошончо акчаны кимдер алып жатат?
Менин эмгек стажым 35 жыл, Бологну 1500 сом эле пенсия алам. Ушуга жашаса болобу? Ал эми энергетика тармагындагылар өздөрүнүн айлыктарын 45-50 миң сомдон чегерип алганы аз келгенсип, тарифтерди көтөрүп жатышат. Азыр кыйналып турган пенсионерлер өмүр боюу өлкө үчүн иштеп берип, эми кароосуз калабы?
.
Базаркүл айым отун-сууга тарифтердин кымбатташы менен кары-картаңдардын жашоосу мындан дагы оорлоп, коммуналдык төлөмдөрдү төлөй албай калышарын айтты.

Социалдык камсыздоо агенттигинин жетекчиси Назгүл Ташпаева болсо отун-сууга тарифтерди жогорулатуудан мурда өкмөт бардык жагын эсептеп чыкканын жана карыяларга жеңилдиктер берилээрин билдирди.

- Биз жеңилдик берилүүчү категориядагыларды карап чыгып, акча төлөмдөрүн төлөп берүүдө отун-сууга тарифтерге баанын кымбаттай тургандыгын эске алганбыз. Эсептеп чыкканбыз. Мамлекеттик жөлөк пулдарды алуучуларга дагы социалдык жактан камсыздоо жагы эске алынган. Өкмөт пенсионерлерге, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга сөзсүз жардам берет.

Чүй облусунунун тургундары отун-сууга баалардын көтөрүлгөнүн шылтоолоп, базарларда базарчылар азык-түлүктөргө бааы жогорулата баштаганына тынчсызданганын билдиришти.

Чек ара жагдайы

Ал эми Ош облусундагы өзбек-кыргыз чек арасына жакын жашаган өлкөнүн жарандары эки өлкө ортосундагы чек-ара маселеси
чечилбегендигинен орчундуу проблемалар чыгып жатканын айтып, “Эл үнү” программасына кайрылышты.

Алардын бири - Байтоп айылынын тургуну Абдырасул Султановдун айтымында, чек ара тилкелерин бөлүштүрүүдө Араван районундагы бир нече айылдардын көрүстөндөрү Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен.

- Коңшу Өзбекстандын Мархамат айылынын аймагына карап калган ата-бабалардын сөөгү коюлган көрүстөнгө каза болгон жакындарыбыздын сөөгүн койолук десек Өзбекстандын куралчан чек арачылары өткөрбөйт. Ушуну жергиликтүү бийлик жогору жакты карап отурбай өз ара келишип оңдуу чечип берсе болот эле. Бул маселе боюнча кыргыз өкмөтүнө дагы кайрылдык. Азырынча жооп жок.

Жыл соңунда премьер-министр Данияр Үсөнов Өзбекстанга барганда чек ара тилкелерин делимитация жана демаркациялоо маселелери боюнча учкай сүйлөшүп келген. Бул маселе боюнча эки тараптын расмий комиссиялары апрель айында ишин кайра баштай турган болду.

Эгерде сизди түйшөлткөн суроолор болсо же жеке көз карашыңызды “Эл үнү” программасына билдирем десеңиз, Бишкектин 0312 кодун терип, андан соң 31-61-53 жана 31-61-71 номурлуу телефондорго чалыңыз.

Көтөрүлгөн баалар, ыйлаган карылар...

Жогорку Кеңештин Коммунисттер фракциясы ишембиде Бишкекте көчмө жыйын уюштуруп, электр кубатына жана жылуулукка төлөмдөрдүн көтөрүлүшү боюнча улгайган адамдардын пикирин укту. Жыйынга келгендер өкмөт дарегине катуу-сын пикирлерди айтып, а түгүл өкмөт башчы кызматтан кетсин дегендер да болду.

Жаңы жылдан тарта электр кубатуулугунун 1 саат-киловаты 1 сом 50 тыйын, жылуулук энергиясы менен ысык суунун 1 гегакалориясы 1050 сом болду. Өлкөнүн айрым аймактарынан жылуулук кубатына болгон төлөмдөрдү көтөрүүгө чектөө-мораторий киргизүү өтүнүчү менен бийликке кайрылуулар болууда. 9-январда Жогорку Кеңештин коммунисттер фракциясы Бишкектеги Профсоюздар үйүндө көчмө жыйын уюштуруп, анда электр кубатына жана жылуулукка төлөмдөрдүн көтөрүлүшү, атайын жеңилдиктерге ээ адамдардын тобуна акчалай түрдө берүүгө өтүү маселелеси талкууланды.

"Мындай өкмөткө уят!"

Өкмөттүн уяты барбы?! Эмне үчүн аксакалдарды баалабайсыңар?

Галина Иванова
- Мен кантип күн көрөм? Ооба, мен азыр жарыктын өчүрүлүшүн күтүп жатам. Анан үйдөгү жарыкты кыркып салам. Мен бир кезде ата-энем башынан өткөргөн Ленинграддагы блокаданы тосом. Өкмөттүн уяты барбы?! Бакиевге уят эмеспи?! Усөновго уят эмеспи?! Мен бул - УЯТ деп ойлойм. Мындай өкмөткө уят!!! Эмне үчүн силер өзүнөрдүн алтын казынаңарды - ушундай аксакалдарды баалабайсыңар? Эмнеге адамдарга ушундай мамиле кыласыңар?

Кара-Балтадан келген ардагер Галина Иванованын мындай жаны ачыган сөздөрү бүгүнкү жыйындын жалпы маанайын, анын үч жүздөн ашуун катышуучуларынын ой-мүдөөсүн билдирип турду. Чыгып сүйлөгөндөрдүн айрымдары ачкачылыкка, ал тургай өзүн-өзү өрттөгөнгө чейин бараарын айтып үрөй учурса, дагы бирөөлөр эзелки СССРди эстеп кейиди.

59 жаштагы Бишкектин тургуну, 35 жылдык эмгек тажрыйбасы бар Базарбүбү айымдын пенсиясы бир жарым миң сом. Анын ишениминде, бүгүнкү жайындагы элдин үнүн бийлик, президент угуп туура жыйынтык чыгарат:
Эл-жер үчүн күйбөгөндөр бизди күйгүзүп жатпайбы...

- Биздин үнүбүздү жеткирет го дей ойлойбуз. Себеби, бул жерде көпчүлүк да. Элдердин, кары-картаңдардын бардыгы ыйлап жатпайбы. Буларды ушул заманга мына биз алып келдик го. Булар эл-жер үчүн күйбөгөн немелер болуп чыкпадыбы. Бизди күйгүзүп жатпайбы...

"Кыргызстан коммунисттери" партиясынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев коммунисттер фракциясы энергия-жылуулук кубатына төлөмдөрдү кайра карап чыгуу жана убактылуу чектөө коюу тууралуу жыйынга келгендердин нааразылыктарын президентке, өкмөткө жеткирээрин билдирди:

- Биздин дагы бир үмүтүбүз бар. Президентке кайрылып көрөлүчү. Шашпай туруп ченемдеп көрүш керек деген оюбуз бар. Аракет жасайбыз. Ал эми төлөмдөрдүн жогорулашын токтотконго президенттин укугу бар.

Жыйындын катышуучусу Орунбек Чондоевдун пикиринде, өкмөт өзү азыр төлөмдөрдүн кымбатташы тууралуу кайчы абалда, балким эл көтөрүлүп кетпесин деген тынчсызданууда. Ал эми Коммунисттер эми маселе эбак чечилгенден кийин кыйкырып жатышат деген көз карашта:

- Албетте, бул сөздөр ушул жерде эле калат. Мындай жыйындардын эчени болду деп өздөрү айтып жатышпайбы. Бул жөн эле чогулдук, талкууладык деген ишарат. Жыйындардын чечими ошол тейден эле калып калат, качанкыга чейин эле ушинте беребиз деп чыгып сүйлөгөндөрдөн деле айтышпадыбы. Бул чынын айтканда, жөн эле кезектеги өзүнүн бар экенин билдирүү аракети да.

Ооган согушунун эс алуудагы ардагери Орунбек Чондоев бийликтин элге карата мамилесин жыйынга министрлердин өздөрүн кой, орун басарлары дагы эмес, алрдын жардамчылары келгени менен байланыштырды.

Убада кылынган 200 сом кайда?

Ошондой эле жыйын учурунда электр-жылуулук энергиясына тарифтердин кымбатташына байланыштуу пенсия өлчөмү төрт миңге чейинки кары-картаңдарга айына эки жүз сом өлчөмүндө жөлөк пул кошуп берүү тууралуу президенттин жардыгы чыкканы менен январь айынын пенсиясынан 60тан 120 сомго чейинки акча кемиген. Бул болсо пенсионер мурда алган жөлөк пулдун эсебинен деп кармалган. Январь айында көптөр өкмөт убада кылган 200 сомдун ордуна алда канча аз акча алып калганы белгилүү болду.

- Мамлекеттик бюджетке тарифтердин жогорулашына байланыштуу жөлөк пулдарды төлөө үчүн бир миллиард эки жүз миллион сом киргизилген. Менин суроом – 200 сом менен пенсионерлер колуна алган акчанын ортосундагы айырма канча сомду түзөт? - деп кайрылды “Таза табигат” уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева.

"Эмне үчүн мындай?" - деген суроого Социалдык фонддун өкүлү жеткиликтүү жооп бере албагандыктан, чурулдаган элди депутат Масалиев бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин атынан өкмөткө суроо жолдоорун айтып тынчытты.

Жогоку Кеңештин Коммунисттер фракциясы уюштурган жыйынга негизинен эмгектин, согуштун ардагерлери, кары-картаңдар, ар кандай даражадагы жеңилдиктерге ээ топтордун өкүлдүктөрү катышты. Өкмөттөн болсо Социалдык камсыздоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Назгүл Ташбаева баш болгон жылуулук-энергетика комплексинин, каржы министрлигинин, социалдык фонддун өкүлдөрү келишти.

Жыйындын катышуучулардын көбү өкмөт башчы Данияр Үсөновдун келбегенине нааразы болуп, ал тургай анын кызматтан кетишин талап кылган чакырыктар да угулду. Арыз-муңга жык толгон жыйын соңунда залда отурган аксакалдардын бири кыяк тартып, теңтуш-курдаштарына аскердик маанай тартуулап да жибергенге үлгүрдү.

Апта: Ташкенге пансионат, оппозицияга сот, Косвинге “Центерра голд”...

Балыкчы окуясы боюнча соттун өкүмү күчүнө кирди. “Центерра голд инкте” Кыргызстан кызыкчылыгын коргоого Украина жараны дайындалды. Өзбектер көл жээгинде төрт пансионаттын тагдырын чечүүнү талап кылууда.


Жаңы жылдан жаңы күрөш

Дээрлик эки жумага созулган жаңы жылдык эс алуулардан кийин 11-январдан тарта бардык мамлекеттик структуралар ишке кирет. Анын ичинде соттук териштирүүлөр, саясий күрөштөр жанданат. Базар-Коргон районундагы Акман айылдык кеңешинин депутаттары 11-январда Конституциялык сотко арыз тапшырышат.

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, арызда айылдык депутаттар президент өз жардыктары менен Конституцияны бузган фактыларга Конституциялык сот тарабынан баа берилишин талап кылышмакчы. Белгилүү болгондой, мындай арыз менен “Ата Мекен” партиясы өткөн жылдын соңунда Конституциялык сотко кайрылып, бирок катардагы жарандар Конституциялык сотко андай арыз менен кайрыла албайт деген жүйөө менен кароого алынган эмес.

11-январда ошондой эле Бишкек шаардык гарнизондук соту Исмаил Исаковго байланыштуу кылмыш иш боюнча чечимин чыгарышы күтүлүүдө. Бул күнү генералдын кичи мекени Алайда жана Бишкекте соттон адилеттүүлүктү талап кылган адамдар пикетке чыгышы белгиленүүдө.

Ал эми Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандарга карата соттун өкүмү 4-январдан тарта күчүнө кирди. Айыпталгандардын жаза
өтөөсүнүн шарты тууралуу адвокат Мукар Чолпонбаев буларды билдирди:

- Төртөөнө эркинен ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Эми алар жазасын кайсы жерде өтөй тургандыгы аныкталат, калгандары болсо бошотулду. Эми алар өздөрүнүн жашаган жеринде, үйүндө болушат. Бирок ай сайын районундагы тийиштүү ички иштер бөлүмдөрүнө келип, катталып турушат.

Адвокат ошондой эле сотторго ишеним жоктуктан жогорку сот инстанцияларына арыз берилбей калыш мүмкүндүгүн, Петровка жана Исмаил Исаковдун иши боюнча да айыптоочу өкүм чыгып калыш мүмкүндүгүн белгиледи:

- Ушундай эле өкүмдөр Петровка, Аскер сотунан да болушу мүмкүн. Анткени себеби бул сотторго, илгери Акаев айткандай, биз да ишенбей турабыз.
Орус бийлигинин ичинде кыргыз бийлик башчыларына каршы өтө таасирдүү адамдар пайда болушу оппозицияга дем берип жаткандай...

Соттор тарабынан айыптоочу өкүмдөр чыгышына, бийликтин энергетика, кадр, менчиктештирүү, Конституцияны өзгөртүү багытындагы саясатына каршы арга издөөнү оппозициянын ичинде күчөтүп, саясий күчтөр, саясатчылар арасында жаңы топтордун, жаңы позициялардын пайда болушун тездетүүдө.

Оппозицияга орус бийлиги ичинде кыргыз бийлик башчыларына каршы өтө таасирдүү адамдардын пайда болушу кайсы бир деңгээлде дем берип жатканы да байкалууда.


Косвин кимдин кызыкчылыгын коргойт?

2009-жылы Кыргызстан Кумтөр алтын кени боюнча канадалыктар менен жаны келишимге жетишкен. Ал келишим боюнча Кумтөр алтын кенин иштетүүдөн Кыргызстанга түшө турган пайда көбөйүш керек. Ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудиновдун айтымында, жаңы келишим боюнча Кыргызстанга салык түрүндө эле жылына Кумтөрдөн 70-90 млн. доллар түшүп туруш керек. Ал эми акциясынын көлөмү 33% жеткирилет. Ал үчүн өткөн жылдын 30-декабрына карай "Камеко" Кыргызстанга “Центерра голд инктин” 25 млн. 300 миң даана акциясын өткөрүп берди. Акцияларынын көбөйүшү менен Кыргызстан “Центерра голд инктин” 11 кишиден турган директорлор кеңешине эки мүчө киргизүү укугуна ээ болду.

Айрым маалыматтарга караганда, анын бирөөсү кыргыз өкмөтүнө көз каранды болбош керек. Мына ошол укугунан пайдаланган Кыргызстан, тагыраак
айтканда “Кыргызалтынды” өз колуна алган Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик “Центерра голд инктеги” бир мүчөсү Алмазбек Жакыповду бошотуп, анын ордуна Максим Бакиевдин орун басары Алексей Елисеевди, пайда болгон экинчи орунга Украина жараны Юрий Косвинди киргизди. Борбордук агенттик Косвинди кандай тапканы, кандай критерий менен тандаганы белгисиз.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев бул кадрдык чечимди сынга алып, дайындалгандар Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой алышына шегин билдирди:

- Анткени эки эле киши. Алар коргой албайт. Андан сырткары биздин кишилер эмес. Кыргыз элин сүйгөн биздин кишилер болсо, анда коргойт эле. Анан эми Украинанын бир кишиси болсо, ал эмнени жактайт? Биздин кишилерден болсо максатка ылайыктуу болмок. Бизден болсо булар коркот. Ошон үчүн Косвин деп Украинанын кишисин табышкан турбайбы.

Ал эми “Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиев бул иштерди саясатташтырбоо тууралуу пикирин билдирди:

- Бул жерде мындай да, саясат деп эле бирдемени урдура берген болбойт. Аны көрүш керек. Бөлөк өлкөнүн жараны болуп туруп, анын биздин өлкөгө карата милдеттенмеси бар экенин байкаш керек. Анткени эл аралык уюмдардын шарттары боюнча, кандай болбосун, ким болбосун өзүнүн келишими боюнча жалдаган тарапты коргоого милдеттүү деген шарттар турат.

Кыргызстанга 25 млн. 300 миң акциясын өткөрүп бергенден кийин "Камеко" корпорациясы алтын бизнесинен кетерин билдирген. Бул чечимдин себебин Орозбек Дүйшеев мындай түшүндүрдү:

- Биринчиден, (Камеко) өзүнчө жетиштүү, чоң фирма. Алтын менен иштегиси келбей калды. "Камеко" азыр дүйнөдөгү урандын 30% өндүрөт. Экинчиден, алтын (Кумтөр алтыны) дале тынчыбай жатпайбы. Бири муну айтат, экинчиси тигини айтат. Ошондуктан муну менен байланышпайын деп кетип жатат окшойт.

Азыркы мезгилде Канаданын Торонто биржасында “Центерра голд инктин” бир акциясынын баасы 12 Канада долларынан ашыгыраак бааланып турат.

Кыргызстанда Кумтөрдөн башка Жер-Үй, Талды-Булак-Сол-Жээк, Андаш сыяктуу ири алтын кендери бар. Талды-Булак-Сол-Жээктеги кенди 2007-жылы казактардын “Алтынкен” компаниясы алган. Бул компанияга кенди иштетүү лицензиясы 600 млн. сомго сатылганын ал кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаев маалымдаган. Бирок “Алтынкендин” иши аксап, кенди өздөштүүрү ишин колго алалбай турат. Ал эми Жер-Үй кени Борбордук агенттиктин колуна алынып, ал аркылуу Кумтөргө берилиши күтүлүп жатканын Орозбек Дүйшеев белгиледи.

Тажикстан ГЭСти курууну чамдады. Кыргызстанчы?..

Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясы жыл соңунда Ташкенде чогулуп, эки өлкөнүн алдында турган суу-энергетика, соода, чек ара, менчиктерге байланыштуу маселелерди талкуулаган. Ал жыйын өзбек тараптын бир катар талаптарды коюусу менен эсте кала турган болууда. Ал талаптар Камбар-Ата-1 ГЭСинин коопсуздугун эл аралык экспертизадан өткөрүү, пансионаттар, чек арага байланыштуу экени маалым болду.

Чек ара боюнча сүйлөшүүнү жакын арада жандантууга тараптар макулдашканын өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов билдирди:


- Буюрса, быйылкы жылдын апрелине чейин документтер боюнча иштеп, анан кайра практикалык жолугушуу иштерине киришебиз деп макулдашып келдик. Ошону протоколдоп, биздин премьер-министр менен Өзбекстандын биринчи вице-премьери кол коюп, макулдашты.

Кыргыз тарап Камбар-Ата-1 ГЭСинин коопсуздугун экспертизадан өткөрүүгө макулдугун берген. Бирок бул ГЭСти куруу боюнча 2009-жылы февралда Москвада жетишилген кыргыз-орус келишими ансыз деле аксап турат. Россия тарап ГЭСти куруу үчүн убада кылынган 1 млрд. 700 млн. долларды бөлө элек.

Кыргызстандын каржы министри Марат Султанов насыянын кечигишин дүйнөлүк финансылык кризис менен байланыштырууда. Бирок ошол эле мезгилде “Кыргызстан насыяны чексиз күтүп отура бербешин” Марат Султанов маалымат каражаттарына билдирген.

Демек кайсы бир убакыттан кийин Кыргызстан ГЭСти куруу үчүн каражаттын башка булагын издей башташы ыктымал. Ал кайсы булак болушу белгисиз.

Ал эми кошуна Тажикстан Рогун ГЭСин куруу үчүн тажик калкынын өзүнөн каражат сурап, азыркы мезгилде активдүү түрдө келечектеги ГЭСтин акцияларын сатып жатат. Тажик бийлиги калктан 600 млн. доллар топтоону болжоп жатат. Алгачкы күндөрү эле 92 млн. доллар жыйналганы кабарланды. Демек президент Эмомали Рахмондун демилгеси кайсы бир деңгээлде ийгиликке жетишип жаткандай. Рогун ГЭСи Камбар-Ата-1ге караганда ири. Анын тосмосунун бийиктиги 335 метр. Долбоору боюнча жыл ичинде 13 млрд. килловат саат электр энергиясын иштеп чыгат.
Кыргызстан Орусиянын 300 млн. доллар насыясын Камбар-Ата-2ге коммерциялык структуралар аркылуу бөлүп, орус бийлигинин ишениминен чыгып жатат.

Кыргыз бийлиги болсо Россия берген 300 млн.доллар жеңилдетилген насыяны Камбар-Ата-2 ГЭСине коммерциялык структуралар аркылуу бөлүп, орус бийлигинин да ишеничинен кетип жатканы кеңири айтылууда. Калктан каражат жыйноо жагынан алыс кете албашыбызды ХИПК программасына каршы чыгып, тышкы карыз үчүн элден акча жыйноо аракети айгинелеген.

Камбар-Ата-1 эмес, андан алда канча чакан болгон Камбар-Ата-2 ГЭСин куруп бүткөрүүгө бюджеттин чамасы чак болууда. Анын үстүнө 2010-жылдын бюджетинин таңсыктыгы 13 млрд. сомдун тегерегине жетүүдө.

Мына ушундай шартта Ташкен Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын башын ачуу талабын коюп жатат.

1990-жылдардын башында Мамлекеттик мүлк фондун жетектеп турган Эсенгул Өмүралиевдин айтымында, СССР урагандан кийин кол коюлган келишимге ылайык, союздук бюджеттен салынган ишкана, объекттердин баары кайсы республиканын аймагында жайгашса, ошол өлкөнүн менчигине өтөт деп белгиленген. Ал эми республикалар бюджетинен салынган обьекттер сүйлөшүү аркылуу чечилет деген келишилген. Мына ошол келишимге ылайык Ысык-Көлдөгү айрым пансионаттар Өзбекстан жана Казакстанга 15 жылга ижарага берилген дейт Өмүралиев:

- Ошондо 1992-жылы мен Мамлекеттик мүлк фондун башкарып турганда, биз казактар менен өзбектерге ошондой шарт койгонбуз. Себеби келишимдер тургандан кийин өзүбүздүн менчикке ала албайбыз. Ошон үчүн биз аларга 15 жылга ижарага бергенбиз.

Белгилеп кете турган нерсе, казак тарап 15 жылдык ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин жаңы келишимге жетишип, төрт пансионатты өз менчигине, ал эми пансионаттар турган жерди 49 жылга ижарага алды. Ал эми өзбек тарапка кайсы пансионаттар ижарага берилгени тууралуу Өмүралиев буларды маалымдады:

- Өзбектер бүгүн иштетип аткан пансионаттар төртөө. Анын ичинен иштеп атканы экөө. Бул Боз-Теридеги “Алтын-Кум”, анан Кара-Ойдо “Рахат” деген бар. “Диларом” дегени бар. Ал иштейби, иштебейби билбеймин. Анан төртүнчүсү “Ташсельмаш”, ал Тоңдо. Бүгүнкү күндө менимче, ал да иштебей турат.

ЕККУ: Кыргызстанда сөз эркиндиги коркунучта

Киши колдуу болуп каза тапкан журналисттердин соңкусу Геннадий Павлюк

ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси 2010-жылдагы медиа программаларында журналисттер коопсуздугуна орчундуу көңүл буруларын жарыялады. Ага өлкөдө журналистика менен алектенүү кооптуу болуп баратканы себеп болууда.

2006-жылдан бери эле өлкөдө алтымыштан ашык журналистке кол салынган. Соңку кезде журналисттерге кол тийбестик макамын берүү сунуштары да көтөрүүлүдө.


ЕККУ 2010-жылдагы медиа программаларында журналисттер коопсуздугуна өзгөчө маани берип жатканын аталган уюмдун Бишкектеги кеңсесинин өкүлү Бурул Осмоналиева “Азаттыкка” билдирди.

- Кыргызстанда сөз эркиндиги коркунучта турат. Бул деген плюрализм принциби. Адам, мамлекет же кандайдыр бир күчтүү күчтөр чындыкты кабыл ала билиши керек. Анткени демократиянын талабы ошондой. ММК деген бир гана мактоо же жакшы, нейтралдуу нерсени айтуу эмес. Ал деген коомго турмуштун бардык бурчтарын чагылдырып бере турган инструмент. Эгер ал инструментке коркунуч туулуп аткан болсо, биз демократиялык жактан чегинип аткан болобуз. Ушул себептен биз ойлонуп, кийинки жылга ушундай приоритетти алып чыктык.

Журналисттерге карата кол салуулардын көбүнүн бети ачылбагандыктан, бул кылмыштардын артында ким турганы табышмакталып турат. Андыктан маселеге кеңири коомчулуктун көңүлүн буруу максатында ЕККУ бул жылы Жогорку Кеңеш, бейөкмөт уюмдарынын жана медиа тармактын өкүлдөрүнүн катышуусунда журналисттердин коопсуздугун камсыздоо чаралары боюнча тегерек стол, коомдук угуу, жыйындарды уюштурат.

Мындан тышкары журналисттерге кол салынган учурларда ЕККУ тарабынан ИИМден тез арада тергөө иликтери иштеринин жыйынтыгы тууралуу маалымат берүү талап кылынат.

ЕККУ ошондой эле 2010-жылы журналисттер укугу жана эркиндиктерин коргоо маселелеринде Президент Катчылыгы менен тыгыз байланышта болмокчу.

Серепчилер 2005-жылдан тарта өлкөдө журналисттердин коопсуздук абалы коркунучка кептеле баштаганын айтышат.

Жогорку Кеңеште Социал-демократтар фракциясы буга чейин тараткан билдирүүдө: “2006-жылдан бери эле бардыгы болуп алтымыштан ашык журналистке кол салынган. 2009-жылдын июлунда түштүктө Алмаз Ташиев ур-токмоктон каза таап, дагы бир журналист Кубанычбек Жолдошев катуу сабалды. Барган сайын журналисттерди сотко берүү да күч алып, 2008-жылы эле ММК жана журналисттерге каршы элүү сот иши козголгон. 2005-жылдан бери өлкөдөн Ч.Орозобекова, Т.Бектенов, К.Биримкулов, Ж.Эдигеев, Х.Мажиева, С.Абдылдаев өңдүү журналисттер чыгып кеткен” деп айтылат.
Журналисттерге карата бул кол салууларга бийликтин тиешеси барбы же жокпу? Эгерде жок болсо, эмнеге ушул убакка чейин ушул кол салуулардын бир күнөөкөрү табылган жок жана тийиштүү жазасын алган жок?
Азамат Тынаев

«Комсомольская правда-Кыргызстан» гезитинин баш редактору Азамат Тынаевдин оюнча журналисттерге карата кол салуулар кыргыз бийлигинин сөз эркиндигин тааныбаганынан болуп атат. Андыктан журналисттер коомчулугу бийликти диалогго чакырып, бул кол салуулардын артында бийлик жокпу деген суроого жооп алышы керек.



Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев
26-декабрдагы парламенттин сессиясында журналисттер кабылган кырсыктардын баарын алардын ишмердүүлүгүнө байланыштырууга негиз жоктугун айтты. Министр ар бир кылмышты териштирбей туруп эле бийликке оодаруу өнөкөткө айланганын белгилеп, акыркы жылдары журналисттерге байланыштуу 33 кылмыш иши катталып, алардын сегизинин бети ачылганын билдирди.

Бул аралыкта бир катар укук коргоочу уюмдар кесиптик кошун түзүү, журналистке кол тийбестик макамын берүү демилгелерин кайрадан көтөрө башташты. “Журналисттер” коомдук уюмунун жетекчиси Марат Токоев журналисттер коопсуздугун камсыз кылуу жаатында ал жетектеген уюм ЕККУ менен бирдикте иш алып бара турганын белгилеп, журналистерге кол тийбестик макамын берүү ашыктык кылат деген оюн “Азаттыкка” билдирди.

- Бир кездерде журналисттерге депутаттардыкына окшотуп кол тийбестик макамын берүү боюнча сөздөр жүрдү эле. Бирок менимче анын кереги жок. Чынында журналисттер да ар кандай болот. Кээ бирлери ушул макамды жамынып алып көп иштерди жасап ийиши мүмкүн. Учурдагы эле мыйзамдуулук иштесе, кылмышкерлер табылып жазаланса деген эле бир гана талабыбыз бар. Бирок тилекке каршы ошол мыйзамдын аткарылышы чоң маселе болуп атпайбы?!

Марат Токоевдин пикиринде Кыргызстанда журналисттер коосуздугу мыйзамдык жактан кепилденген менен, ал мыйзамдар толук кандуу иштебей жатат.

Ал арада журналисттердин коопсуздугун коргоо кеңеши түзүлгөнүн Кыргызстандын акыйкатчысы да жарыя кылды.

Жаңы демилгелердин баары көз карандысыз журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнөн кийин пайда болуп отурат.

Медиа-экперт Бакыт Орунбеков өлкөдөгү басма сөз өкүлдөрүнө карата мындай зөөкүрлүккө каршы жалпы коомчулук жалпы көтөрүлө чара көрүшүн туура көрөт:

- Жалпы коомчулук эгерде бизде демократиялык баалуулуктар болсун десек, анда башка коомдук, өкмөттүк уюмдар бирдиктүү күрөш башташ керек. Болбосо биздин ахыбалыбыз чатак.

Кыргызстандын Президентинин Катчылыгынын өкүлү Илим Карыпбеков басма сөз өкулдөрүнө кол салуу аракеттери күчөп кеткенине өкүнүү билдирип, журналист кол жазмасы бир топ кишиге катуу тийип калышын билип жүрүш керек экендигин эскертет:

- Журналист биринчи кезекте өзүнүн кесиби кооптуу экенин эске алышы керек. Кол жазмасы же алып барган иши бир кишиге же бир топ кишиге катуу тийип калышын билгенден кийин этияттык менен жүрүш керек. Мисалы, көп эле фактылар болуп жатат. Эч кандай саясаттын тишеси жок эле макаладан улам урушуп, сабашып кеткен учурлар болуп атпайбы. Ошол учурлардан этияттык кылып алыс жүргөнгө аракет кылыш керек. Ал эми жалпыга маалымдоо каражатарынын редакциялары, жетекчилери түнгө чейин иштеп калган кызматкерлерине үйгө чейин жеткирүү чараларын түзүп бергенге аракет кылышы керек колунан келген аркетти.

Кыргызстан өткөн 2009-жылы эл аралык Press Emblem Campaing (PEC ) уюму тарабынан журналисттик кесип үчүн өтө кооптуу деп эсептелген Газа тилкеси, Гондурас, Колумбия, Ооганстан өндүү өлкөлөр тизмесине киргизилди.

PEC эл аралык уюмунун билдирүүсүндө өткөн жылы бул өлкөлөрдө каза тапкан журналисттер саны 60тан ашты. Алардын катарында киши колдуу болуп көз жумган кыргыз журналисттери Алмаз Ташиев жана Геннадий Павлюк да бар.

"Азаттыктын" архивинен: Г. Павлюк менен коштошуу.


Геннадий Павлюк менен коштошуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00

“Дордойдун" африкалык эки оюнчусу Тажикстанга кетип калды

"Дордой-Динамо" командасы.

Футбол боюнча өлкөнүн 6 жолку чемпиону “Дордой-Динамонун” катарындагы африкалык эки жалданма оюнчу Тажикстандын “Вахш” командасына кетип калды.

“Дордой-Динамо” командасы жаңы жыл майрамына байланыштуу кыска мөөнөткө эки күндүк эс алууга чыгышкан. Себеби 16-январда Москвада өтө турган "Шериктештик" Кубогуна Кыргызстандын намысын коргоо үчүн укук алгандыктан үзбөй машыгууларды өткөрүп жатышкан.

3-январда машыгуусу башталган ”Дордойдун” футболчуларынын катарында Африка континентиндеги Гана өлкөсүнөн келген легионер, жалданма оюнчулар Дэвид Тэтте менен Даниэл Таго көрүнгөн эмес.

Бул оюнчулар дал ошол 3-4-январь күндөрү учурдагы Тажикстандын чемпиону “Вахш” командасынын катарын толукташкандыгын Тажикстандын «Варзиш-Спорт» агентиги маалымдаган.

Негизинен бул спортчулар “Дордой-Динамонун” катарындагы алдыңкы оюнчулардан болуп келишкен. Алсак, 28-декабрда Даниэл Таго 2009-жылдагы Кыргызстандын мыкты футболчусу наамынын ээси болгон. Ал эми Дэвид Тетте 2008-жылдын мыкты чабуулчусу аталган. Мындай ийгиликтери менен алар Кыргызстандын жогорку лигасындагы алдынкы футболчулар экенин тастыкташкан. Негизинен Дордой клубунун маалыматы боюнча, бул эки футболчу менен болгон келишим 2012-жылга чейин түзүлгөн.

“Дордой-Динамо” командасынын экинчи машыктыруучусу Замир Жумагуловдун айтымында, африкалык эки жалданма оюнчулар келишимди бузуп, эч кайда кете албайт.

- Бул маалымат тактала элек. Менимче ал футболчулар Тажикстанга барышпайт. Данил Таго менен Дэвид Тетте биздин клуб менен келишим түзгөн. Ошондуктан алар "Дордойдон" башка команданын катарында ойной алышпайт. Негизинин мындай кадамы үчүн алар сот жообуна да тартылышы мүмкүн.

Бирок Тажикстандын «Варзиш-Спорт» агенттиги Дэвид Тетте менен Даниэл Таго “Вахш” клубуна бир жылдык мөөнөт менен келишим негизинде келгендигин жазып, алар менен баардык шарттар макулдашылгандыгын маалымдады.

Ошол эле маалда Дэвид Тетте “биз Дордойдун катаранынан көптөгөн наамдарды жеңдик, эми Тажикстандын чемпионатында өзүбүздү сынасак деп турабыз” деген пикирин «Варзиш-Спорт» агенттигине билдирген.

Негизинен “кара кыргыз” атыккан Дэвид Тетте Кыргызстандагы футбол күйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Ал үч жылдан бери Бишкекте жашап, кыргыз паспортунун да ээси болуп, өлкөнүн атуулдугун да алган.

“Дордой-Динамо” клубунун башкы директору Борис Подкорытов Дэвидди Кыргызстан курамасынын катарынан көргүсү келгендигин да билдирген. Ал үчүн Теттеге дагы бир жарым жыл гана жетишпей жаткандыгын айткан эле.

Кандай болбосун “Дордой-Динамо” клубу Москвада өткөнү турган “Шериктештик” Кубогуна катышуу камын көрүүдө. Бул мелдешке команданын 17 футболчусу 8-январда Москвага кетишти. Алардын катарында Девид менен Таго да болушу керек эле.

Бул футболчулар жакында өткөнү турган мелдеште "Дордойдун" катарында ойношу керек болчу. Бирок алардын кайда экени билинбей жатат. Азыркы маалда клубдун оюнчулары машыгууларын улантууда.

Футболдон Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде, келишимди бузган эки африкалык оюнчунун Эл аралык футбол федерациясына билдирип, эл аралык сотко берүү керек.

Бишкектин «Дордой-Плаза» командасынын башкы устаты Токтогон Элтиновдун айтымында 16-январдан баштап кыргызстандык футболчулар үчүн чоң сыноо алдыда турат. Москвада өтө турган "Шериктештер" Кубогунун алдында ишеним арткан африкалык эки оюнчунун Тажикстанга кетип калуусу футбол жетекчилери ойлонтууга тийиш. Ошондуктан жергиликтүү футболчуларга шарт түзүп, көңүл буруу зарыл.

Футбол боюнча Кыргызстандын алты жолку чемпиону Нарындын «Дордой-Динамо» командасы Москвада өтө турган "Шериктештер" Кубогунда мөрөй талашат. Мелдеш 16-январда башталып, 24-январда жыйынтыкталат.

Бул ирет да кыргызстандыктар үчүн таймашуулар дагы кыйынга турчудай. Себеби чүчүкулак кармоодо «Дордой-Динамо» командасы күчтүү атаандаштарга туш болду. «дордойчулар» «А» тобунда Белорусиянын чемпиону «Днепр», Латвиянын чемпиону «Металлург» жана Орусиянын чемпиону Казандын «Рубин» командалары менен мөрөй талашканы калды.

16-январда «Дордой-Динамо» биринчи беттешүүнү Белорусиянын чемпиону «Днепр» командасы менен өткөрөт. 17-январда Орусиянын чемпиону Казандын «Рубин» командасы менен мөрөй талашуусу кыйынга турчудай.

19-январда Латвиянын чемпиону «Металлург» командасы менен беттешет. 20-январда болсо чейрек финалдык беттешүүлөр өткөрүлөт.

“Улукман:" Узак жашоонун кандай сырлары бар?

Соңку жылдары Кыргызстанда жүрөк дартына чалдыккандар көбөйүүдө

Бишкекте дем алуу органдарынын курч кармачу респиратордук түрү менен катталгандар көп болууда. Орусиянын кардиохирургдары Бишкекте бекер жүрөк операцияларын жасоону улантат. Өмүрдү узартуунун кандай эрежелери бар?


Медицина кабарлары

Бишкектеги республикалык инфекциялык ооруканага дем алуу органдарынын курч кармачу респиратордук түрү менен оорулуулар көп түшүп, соңку учурда бул дарт менен кичинекей наристелер да көп катталууда. “Улукмандын” өткөнкү чыгарылышында аталган оорукананын башкы дарыгери Нарынбек Айткулуев “Азаттыкка” борбордун реанимация бөлүмүндө бир-эки жаш курактагы 30 наристе жатканын кабатырлануу менен кабарлаган болчу.

Бул жагдай боюнча учурдагы абал тууралу республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Нарынбек Айткулуев буларды маалымдады:

- Биздин ооруканага дем алуу органдарынын курч кармачу респиратордук түрү менен бир жаштан үч жашка чейинки наристелер көп түшүп жатат. Абал мурдагыдай эле. Азыр ооруканада баары болуп 375 оорулуу дарыланууда. 27 бала реанимация бөлүмүндө. Дарылар жетиштүү эле азырынча. Бирок биз бул жагдайды жеңилдетүүдө - шаардагы №3 балдар ооруканасы жана Энени жана баланы коргоо улуттук борбору менен биргеликте иштеп жатабыз. Өзгөчө жаш энелерге кеңешим – жаш балдарын алып көчөлөп, коноктоп жүрүшпөсө. Балдардын саламаттыгына зирек мамиле жасашса.

Жаңы жыл алдында Москвада Орусиянын Бакулев атындагы Жүрөк хирургиясы институтунда аталган борбордун директору, академик Лео Бокериянын 70 жылдык мааракеси белгиленди. Лео Бокерия 2009-жылы жаз айында Борбордук Азияда алгачкы жолу жүрөккө операция жасаган кыргыз академиги Иса Ахунбаевдин 100 жылдык мааракесине келип, Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу улуттук борборунда бир канча оорулууга, анын ичинде ымыркайларга бекер жүрөк операцияларын жасап кеткен.

Андан сырткары Лео Бокериянын шакирттеринин бири кардиохирург Александр Кимдин жетекчилигинде да орусиялык кардиохирургдардын бригадасы бекер операцияларды жүргүзүп кайткан.

Академик Лео Бокерия Кыргыз жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо улуттук борборунун ардактуу директору болуп саналат. Кыргызстандан Лео Бокериянын 70 жылдык мааракесине аталган институттун директорунун орунбасары Айдар Шералиев барып катышып келди.

Институттун директору профессор Калдарбек Абдраманов “Азаттыкка” Орусия менен Кыргызстандын кардиохирургдарынын тажрыйба алмашуу байланыштары 2010-жылда да уланарын маалымдады:

- Эки-үч айдын ичинде биздин Улуттук борборго Орусиядан академик Лео Бокериянын, профессор Александр Кимдин жетекчилигинде кардиохирургдардын бригадалары келет. Алар өзгөчө жүрөктүн тубаса кемтиктери менен төрөлгөн жүздөгөн ымыркайга татаал операцияларды жасоодо бизге тажрыйба көрсөтүшөт.

“Жүрөк дартынын дарысы өзүңдө”

Ушу тапта Кыргызстанда жүрөк оорусу менен ооругандар көбөйдү. Жүрөк кан тамыр дарттары менен каза тапкандар Кыргызстандагы жалпы өлүмдүн жарымын түзүп жаткандыгы да коомчулуктун тынчын алууда. Айрым эксперттер жүрөк дарты менен ооругандардын көбөйүшүн коомдогу чиеленишкен күндөлүк турмуш-шарт, социалдык абал менен байланыштырышууда. Кымбатчылык, акыйкаттуулуктан акыйкатсыздыгы күч алган мыйзамсыздык - адамдардын ден соолугуна терс таасирин берип жатат деген пикирлер да басымдуу.


Жүрөк оорусунун алдын алуу боюнча сөздү - бул дарттын дарысы ар адамдын колунда деген изги тилек менен баштайлы. Анткени, коомчулуктун бири-бирине жагымдуу мамиле жасоосу “жүрөк оорудан сактайт” дейт жашоонун сырын өздөштүрө билип, узак жашаган замандаштар. Анан да өлкөдөгү социалдык-экономикалык жалпы кырдаал элдин ден соолугуна өз залакасын тийгизбей койбосу маалым.

Окумуштуу дарыгерлер арасында жүрөк оорунун жайылышын экологиянын бузулушунан жана тамак-аштын сапатынын жакшы эместигинен көрүп жаткандар бар. Ошондой эле өз убагында дарыгерлердин кеңешинен өтүп турбагандык деп сыркоолуулардын өздөрүн кинөөлөгөндүк да жок эмес.

Айрым адистер болсо жүрөк оорусу тубаса кандайдыр бир өнөкөт оорулардын, тукум куучулуктун себеби деп санашат. Кан тамыр оорулары, кан басымдын жогорулашы - жүрөк ооруларын пайда кылары айтылат. Ал эми өнүккөн мамлекеттерде, же болбосо калкы бакубаттуу деп эсептелген өлкөлөрдүн расмий медицинасынын жана элдик дарыгерлеринин, изилдөөчү-эксперттеринин айтымында, жүрөк оору бул жан дүйнө оорусу деп коюшат экен. Айрым аалымдар “дубал кыйраса тургузулат, жан дүйнө кыйрабасын” деп калышат. Жан дүйнө демекчи руханий дүйнө дегенди кошо камтып караганда, жан дүйнөнүн руханий жарыктыгы чексиз ааламга салыштырылып, аруулук- сулуулук деп айтылат.

Андай ырахатты сезе билген адамдын жүрөгү оорубайт деп айтышат медицинаны, жашоодогу ички-тышкы кубулуштарды өздөштүрө алгандар. Демек жүрөк сезгич. Айтып калышат да акылың менен эмес, жүрөгүң менен кеңеш, жүрөк алдабайт деп. “Жүрөк оорунун ачкычы ар бир адамдын өзүнүн колунда” делген сөздүн бир чындыгы бардай. Анын сыңарындай жүрөк - организмди машинанын мотору сыяктуу кыймылдаткыч күчкө ээ.

“Айтмакчы коом ооруса анда жашаган адамдар да ооруйт” демекчи, социалдык шарттын начардыгы ар бир жаранды жүрөк оору кылары айтылууда. Демек ар бир адамды тиричиликтеги кездешкен кыйынчылыктарды жеңүүдө чыдамкайлык менен, жүрөккө күч келтирбеген абалда жашоону өткөрө билүүгө чакырып келишет психологдор.

Канча жылдан бери ооруканадан ооруканага каттаган бир айым, жүрөгү кантип ооруп калганын айтат:

- Менин ооруп жүргөнүмө көп болду. Баягы союз ыдырагандан жалпыга келген кыйынчылык биздин үй-бүлөдөн өтүп кеткен жок. Балдарым окуйт. Контракт деген чыккан. Акыры үйүмдүн документин бир “частный” кредитчиге берип, үстөк пулу менен акча алдым. Анын проценти эле эки үйдүн акчасын түзүп калса болобу. Ушундан акыры жүрөк ооруга кабылдым. Канча жылдан кийин, балдарым чет жактарга барып иштешип, кичине абалыбыз жеңилдеди окшойт, жүрөгүм да жеңилдеп азыр ооруган жерим жок жүрөм. Жүрөк оору деген бул кайгыдан, санаадан экен.

Ушундай деген маектеш айымдын пикирин врач-адистерге билдирип, сөзгө тартканыбызда алар деле калпыс дешкен жок. “Какаганга муштаган болуп” ооруканага эле жата коюу оңой болсо экен. Дары-дармек, күндөлүк тамак-аштын кымбаттыгы, булардын баары жүрөк дартына кабылтуучу себептердин бири экенин тастыкташты.

Жүрөк дарты боюнча дарыгер Абди Мусаев мындай дейт:

- Албетте сар-санаа деген башта турат да. “Башы оорубагандын Кудай менен иши жок” дегендей орусча айтканда “стресс”, кыжалатчылык мунун баары жалпы социалдык-экономикалык абал менен байланыштуу. Канча адамдар жүрөк дарты менен кайрылышат. Сурай келсең бирөө менен урушканын, же бир соттордун туура эмес өкүм чыгарып койгонун айтып, акыры жүрөгүнөн инсульт алганын айтышат.

Ушундай деген врачтын пикиринен соң шарият мыйзамдарын иликтеп жүргөн жазуучу Садык Гавай жүрөк дартынан кантип сактанса болот деген теманы минтип улады:

- Момун адамдардын ичинен дегеле жүрөгү ооруп, инсульт болуп каттоого алынгандар болбоптур. Анткени мунун себебин эки мааниде караса болот. Биринчиден көп дүйнө жыйнабайт. Күнүгө намаз окуп өзүнүн дилин тазалап дегендей, сууну да шүгүр кылып шорпо ичкендей ырахаттанып ичет. Канча мүчүлүштүк-жетишпестиктер болбосун өзүн сабырдуулукка чакырып алат. Ал намазда аткарылып жатпайбы. Жакында бир кишини көрдүм. Өмүр бою СНБда иштептир. Жүрөгү ооруп өзү жалгыз жашап калыптыр. Бул анын жашоосундагы кечирген өмүр-таржымалынын жыйынтыгы болуп жатпайбы. Ак сарай үйү бар экен. Карапайымдардын мал-дүйнөсү өп-чап болгону менен руханий жан дүйнөсү таза болот демекчимин да.

Анан дагы адам укуктарынын тебеленип-тепселиши да калк ичинде жүрөк оорунун көбөйүшүн шарттоодо дешет талдоочулар. Адам укугун коргоо милдети жүктөлгөн милиция, сот-прокуратура органдарынын айрыкча карапайым адамдарга жасаган кайдыгер мамилеси, мыйзамсыздык кадамдарга баруулары жүрөк оорусуна кабылтып, ал эмес өмүрдү мерт кыйган окуяларды көп эле угууга болот. Мына ушундай жагдайларды Кыргызстанда адамдардын арасында жүрөк оорусунун көбөйгөндүгүнүн олуттуу мисалы катары караса болот.

Өмүрдү узартуу эрежелери

Абалтан адам баласы жаш болуунун, өмүрдү узартуунун аракеттерин көрүп келет. Өзгөчө 50-60 жашка келген адамда ар кандай өнөкөт оорулар пайда болот. Дегеле ар бир адам өмүрүн узартуусу үчүн кандай эрежелерди сактоосу зарыл?

Окумуштуулардын белгилешинче, эркектер аялзатына караганда аз жашайт. Эркектин организминде суюктук аялзатынын организмине салыштырмалуу 20 пайызга көбүрөөк болот. Ошого карабай алар суюктукту көп колдонот. Ошондой эле тамеки тарткан адамдын өмүрү тартпагандарга салыштырмалуу бир нече жашка кыскарат. Андыктан карылыкка ар бир адам жаш кезинен даярдануусу зарыл дейт Кыргыз Улуттук медициналык академиясынын тамактануу гигиенасы жана диетология кафедрасынын бөлүм башчысы Мария Кадырова:

- Жаш кезден арак ичпей, тамеки тартпай, көп кыймылдап, көп иштесе карыганда да алардын ден-соолугу чың болот. Жаш кезден карылыкка даярданыш керек, ичкен тамагың таза болуш керек, жаш кезден аң-сезимиңди даярдашың керек экен.

20дан 90 жашка чейинки аралыкта адам 30 пайыз, же 8-10 миллиард мээ клеткаларын жоготот. Ошого карабай, өмүр бою иштеп жүрүп, анан пенсияга чыккан адамдардын көпчүлүгү бат карып, ден-соолугу начарлайт. Ал эми грентология боюнча окумуштуулар туура уюштурулган жана моралдык жактан пайда алып келүүчү иш-аракет - кары-картаңдардын ден-соолугуна пайда алып келет деген жыйынтыкка келишкен.

Мария Кадырова да кары-картаңдарга атайын курстар ачылса жакшы болмок деген пикирде:

-Кары-картаңдар иштеш керек. Эгер алар иштебесе, кыймыл жок болсо, тамакка табити да, көңүлү да жок болот. Мисалы, азыр Кореяда, Хабаровскиде атайын курстарды ачып атышат, 60тан ашкан кемпир-чалдар келип компьютер үйрөнүшүп, бир офиске кирип алышып ишке орношуп атышат. Кары кишилерди жашарта турган бул - иш экен да. Мен ойлойм биздин өкмөт деле кары-картаңдарга ушундай факультеттерди ачып коюп, пайдалуу иш берип койсо жакшы болмок. Турмушка кызыгуусу да башкача болмок. Жаңы келген техниканын пайдасы көп тиет экен аларга.

Бишкек шаарынын тургуну Гүлийпа Туякова ушу тапта 70 жашта. Ал өз өмүрүн иш менен узартып жатканын айтат:

- Мен 70 жаштамын. Өмүрдү узартыш үчүн иштеш керек. Мына мен үйдө жатпай эле, дүкөндө иштеп атам, балдарга жардам берем, көп басам. Ден-соолугум жакшы болуш үчүн убагында тамак ичем, убагында жатып эс алам.

Өмүрдүн узактыгынын орточо көрсөткүчү Орусияда – 65 жаш, Эстония, Малайзияда – 73 жаш, Кыргызстанда- 69 жаш болуп саналат. Ал эми статистикага ылайык, эң узак жашаган адамдар Японияда көп катталган.

Терапевт-адис Жамийла Мамбетжанова өмүрдү узартууда атайын эрежелерди сактоо керектигин белгилейт:

- Кары адамдар көп басыш керек, нервин бузбаш керек, көп эс алыш керек. Пайдалуу нерселерди жасоо керек, мисалы, эртең менен адегенде жылуу суу менен, анан муздак суу менен куюнса жакшы. Ал мээ тамырларынын иштешине жакшы таасир берет. Ошондо жүрөк дагы жакшы иштейт. Ошондой эле эртең менен кичине гимнастика жасаш керек. Колдон келсе таза абада да көп жүрүү пайдалуу.

Ал эми Мария Кадырованын кеңешинде, өмүрүн узартуу үчүн адамдар албетте эң башкысы туура тамактануусу зарыл:

- Айран ашказанда тамактын сиңишине абдан жакшы жардам берет. Ошондуктан сүт, айран көп ичиш керек. Кары кишилер тамакты бат-бат, анан аз-аздан ичиши керек. Жер-жемиш, дымдама, сууга, бууга бышырлган тамакты көп колдонуу зарыл.

Ошондой эле диетолог-адис кары-картаңдарга саламаттыгынын чың болушу үчүн мындайча кеңештерин берет:

- Күрүч, гречка, акшактан жасалган буламыкты күндө эртең менен сүткө бышырып жешсе, сүт менен чай ичсе, көк чайды көп пайдаланса жакшы. Ошондой эле кычкыл сүт, айран, кымыз аябай ден-соолукка пайдалуу.

Элвис Преслинин алыскы Армениядагы ышкыбозу

"Армениялык Элвис" Нарек Маркарян

Мындан 75 жыл илгери 8-январда Американын Миссисипи штатындагы кичинекей шаарда рок-н-роллдун падышасы деп атыккан даңазалуу ырчы Элвис Пресли туулган. Миссисипиден миңдеген километр алыстагы Арменияда да Преслинин чыгармаларын, музыкалык мурасын өтө баалаган адамдарды жолуктурса болот. Алардын бири – Еревандын тургуну Нарек Маркарян.

26 жаштагы Нарек Маркаряндын түспөлү Элвис Преслиникине (Elvis Presley) окшогону менен, ал үчүн бул кебете-кешпириндеги жакындык эмес, ырчынын музыкалык мурасын болочок үчүн сактап калуу - алда канча маанилүү.

Тирүү кезинде эле "рок-н-ролл падышасы" деп атыккан Пресли 1977-жылы 42 жашында көз жумган.

Маркарян анын ырлары жазылган үн тасмаларды, сувенирлерди мектепте окуп жүргөн кезинде эле чогулта баштаган.

- Мен көбүнчө тасмаларды чогултам. Элвис мураска калтырган эң чоң байлык – бул анын ырлары.

Наректин коллекциясынан даңазалуу ырчы жөнүндө жүздөгөн китептерди, календарь, плакаттарды, ырчынын пластинкаларын, атүгүл жеке буюмдарын көрсө болот.

- Бир эле артисттин миңдеген дисктерин чогултуу кызык угулса керек. Элвис – көп муундарга таасир этчү маданий феномен. Тарыхты унутта калтырбоо - өтө маанилүү.

“Армениялык Элвис”

Маркарян мырза ушул тапта борбор шаар Еревандагы Филология университетинде иштейт.

Кечинде болсо жалтырак костюм-шым кийип алып өлкөнүн ордо калаасынын жана башка шаарларынын клубдарында Преслинин ырларын аткарат.

Маркарян Преслинин мекени Кошмо Штаттарда да ырдап чыккан, ал эми 2007-жылы болсо Бишкекте өткөн кайрымдуулук концертинде Элвистин ырларын аткарган.

Ал маркум ырчынын белгилүү чыгармаларынан тышкары калайыкка анча белгисиз эмес ырларын да аткарууга аракеттенет.

- Элвистин репертуарына 700дөн ашуун ыр кирет. Мен жүздөйүн аткарып жүрөм. Ар кандай себептерден улам калың элге көп белгилүү эмес чыгармаларын концерттериме камтууга аракеттенем.

Болочокку иш-чаралар

Маркарян ошондой эле Элвиске арналган интернет барак (вебсайт) да түзгөн.

Бирок Арменияда Преслинин күйөрмандарынын башын бириктирген клуб жок. Ал үчүн Маркарян Орусиянын ышкыбоздук клубдары (фанклубдары) менен иштешет.

Быйыл ал Преслинин ырларынан турган алгачкы албомун жаздырууга үмүттөнөт.

Келечекте болсо "рок-н-ролл падышасынын" СССРдеги ролу жөнүндө китеп жазууну көздөйт.

"Битлз" (the Beatles) тобу менен катар Пресли ал кезде Советтер Союзунда Батыштын символуна айланган болчу.

Пансионат маселеси: казактан өзбек кем бекен?

Ысык-Көл жээгинде учурунда Өзбекстан тарабынан курулган делген 4 пансионат бар.

Казакстандан кийин Ысык-Көлдөгү кээ бир пансионаттардын башын ачуу талабын Ташкен да койду. Төрт пансионат Астанага өткөн жылы өткөрүлүп берилген. Өзбектер Ысык-Көл жээгинен кайсы пансионаттарга ээлик кылууну көздөп жатат?


Өзбекстан пансионаттарга байланыштуу маселени өткөн жылы 28-декабрда Ташкенде болгон кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жетинчи отурумунда койгон. Ысык-Көлдөгү пансионаттар менен катар өзбек тарап Камбар-Ата-1 ГЭСин эл аралык экспертизадан өткөрүү, чек ара боюнча талаптарды ачыктаган. Натыйжада кыргыз тарап ГЭСтин курулушу экспертизадан өткөрүлөрүн билдирген. Ал эми бир жылдан ашык убакыттан бери токтоп турган чек ара боюнча сүйлөшүүнү жандантууну эки тарап макулдашкан.

Көз кызарткан пансионаттар

Пансионаттар демекчи, өзбек тарап көтөрүп жаткан кайсы пансионаттар? Алар ушул кезге чейин кандай шартта, кайсы мыйзамдын негизинде иштеп келишкен?
Эгерде пансионаттар өзбек тарапка бериле турган болсо, ага байлап газ маселесин узак мөөнөткө чечип алса болот.

1990-жылдардын башында Мамлекеттик мүлк фондун жетектеп турган Эсенгул Өмүралиевдин айтымында, СССР урагандан кийин кол коюлган келишимге ылайык союздук бюджеттин эсебинен салынган ишкана, объектердин баары кайсы республиканын аймагында жайгашса, ошол өлкөнүн менчигине өтөт деп белгиленген. Ал эми республикалар бюджетинен салынган объекттер сүйлөшүү аркылуу чечилет деп келишилген. Мына ошол келишимге ылайык, Ысык-Көлдөгү пансионаттар Өзбекстан жана Казакстанга 15 жылга ижарага
берилген .

- Ошондо 1992-жылы мен Мамлекеттик мүлк фондун башкарып турганда, биз казактар менен өзбектерге ошондой шарт койгонбуз. Себеби келишимдер тургандан кийин өзүбүздүн менчикке ала албайбыз. Ошон үчүн биз аларга 15 жылга ижарага бергенбиз.

Белгилеп кете турган нерсе, казак тарап 15 жылдык ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин жаңы келишимге жетишип, төрт пансионатты өз менчигине, ал эми пансионаттар турган жерди 49 жылга ижарага алды. Ал эми өзбек тарапка кайсы пансионаттар ижарага берилгени тууралуу Өмүралиев буларды маалымдады:

- Өзбектер бүгүн иштетип аткан пансионат төртөө. Анын ичинен иштеп атканы экөө. Бул Боз-Теридеги “Алтын-Кум”, анан Кара-Ойдо “Рахат” деген бар, “Диларом” дегени бар. Ал иштейби, иштебейби билбеймин. Анан төртүнчүсү “Ташсельмаш”. Ал Тоңдо. Бүгүнкү күндө менимче, ал иштебей турат.

Жоюлуп кеткен Туризм боюнча агенттиктин акыркы жетекчиси Турусбек Мамашев өзбек тарап пансионаттар боюнча маселени буга чейин эле көтөрүп келишкенин белгиледи:

- Булар дагы сурагандай кат жазышкан. Ошондуктан өзбектер бул маселени сөзсүз көтөрүшөт. Алар сураган пансионаттар төрт-бешөө. Көлдүн түштүк жагында, түндүк жагында бар. Ошол эле “Рахат”, “Диларом” дегендер. Булар мен билгендер, - деген Мамашев бул пансионаттар Кыргызстан менчигине өткөрүлүш керектигин кошумчалады.

Кыргызстан эмне кылыш керек?
Пансионаттар маселесин кандай чечүү Кыргызстандын ички иши.

Азыркы мезгилде “Рахат”, “Алтын-Кум” пансионаттарын өзбек тарап иштетип жатат. Бирок алардын ижара мөөнөтү 2008-жылы соңуна чыккан. Кыргызстандын атын атагысы келбеген белгилүү дипломатынын пикиринде, өзбек тарап бул пансионаттарды Казакстан сымал өз менчигине алууну көздөп жатат. Ал прецендент болуп калган. Бирок Кыргызстан менен Казакстандын мамилесинин деңгээли менен Бишкек менен Ташкендин мамилесинде айырма бар. Ошондуктан “Рахат”, “Алтын-Кум” жана башка пансионаттардын маселесин кандай чечүү Кыргызстандын жеке ички иши.

Эсенгул Өмүралиев болсо пансионаттар маселесин чечүүдө Кыргызстан газ сыяктуу маселелерди узак мөөнөткө чечип алса болот:

- Эгерде бул маселе менен газдын маселесин байлап, узак мөөнөткө чечип алышса, же болбосо башка маселелерди байлап чечип алса болот. Бул жерде мындай да, ээси ким болот андан эч нерсе өзгөрүп кетпейт.Эң негизгиси ал эки пансионатта тең биздин жарандар иштеп атат. Салыктарын төлөйт. Инвестиция келет.

Ошентип Өзбекстан өз менчигине алууга кызыгып жаткан бул пансионаттарга байланышкан маселе кандай чечилээри азырынча белгисиз.

Курманбек Бакиевге окшош Сулейман Гинлей

Сулейман Гинлей

Интернетке президент Курманбек Бакиевге окшош Сулейман Гинлей жөнүндө маалымат жарык көргөн. Дунган улутундагы бул адам Казакстан сыналгысы аркылуу өзүн кыргыз президентине өтө окшош экендигин сыймыктануу менен жарыя кылган болчу.

Бирок бул маалымат жөнөкөй бир тамашадан чыгып кеткени туурасында ал «Азаттыкка» берген маеги учурунда айтып берди.

Интернет окурмандарын дүрбөлөңгө салган Чүй аймагынын тургуну Сулейман Гинлейдин айтымына караганда, аны жакын достору менен айылдаштары «Курманбек Салиевич» деп көп тамашага салышат.
Сулейман Гинлей
Курманбек Бакиев















- Көчөдө кетип баратсам же базарга барсам «Ой, Курманбек Салиевич кандайсыз» дешет. Кээде МАИ кызматкерлери да машинамды токтотушуп, бирок президентке окшош экенсиз деп күлүп кетирип жиберген учурлар болот. Ушундан улам бир күнү жакын досум кандайдыр бир тандоо туурасындагы жарыяны алып келди. Анда өлкө башчыларына окшош адамдарга тандоо жүрүп жатат деген маалымат жазылыптыр. Сен ушуга катыш, биз да кинодон сени көрүп калалы деп тамашалады.

Чынында өткөн жылдын октябрь айында режиссёр Эрнист Абдыжапаров Орусия менен биргелешкен кинону тартуу үчүн Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан өңдүү мамлекеттердин башчыларына окшош адамдарга тандоо жарыялаган. Бирок Сулейман Гинлей ал тандоого барган деле эмес. Болгону мындай маалыматты уккан Казакстандын телеканалынан журналисттери Сулейман Гинлейге кайрылып, маек берүүсүн суранышкан.

- Мен алгачкы кайрылууларга макул болгон эмесмин. Бирок КТКнын журналистери улам-улам чалганынан жолугууга макул болдум. Алар менден кайда иштегеним, кайсыл окуу жайды аяктаганым туурасында гана сурашкан. Анан албетте, тамаша ирээтинде менин өлкө башчысына окшош экеним туурасында айтышкан болчу. Мен да тамашалап жооп бергем. Мынчалык дүрбөлөң болуп, «К. Бакиевге окшош адам» деген атка конуп калаарымды чынында күткөн эмесмин. Азыр ММКга маек бергенден коркуп калдым. Тамашаны чынга айлантып жибергендерге өзүм да түшүнбөй турам.

Интернет сайттары "Курманбек Бакиевге окшош" деп жазып чыккан Сулейман Гинлей 1958-жылы Казакстанда төрөлүп, Кыргызстандын Нарын аймагында чоңойгон. Чоң апасы кыргыз болгон. Учурда Чүйдүн Ивановка айылында жашайт. Айылдык, райондук кеңештерге депутат жана жеке ишкер.

К. Бакиевге куюп койгондой окшош С. Гинлей
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:49 0:00

Коммунисттер көчмө жыйында элден түшкөн арыз-муңдарды карайт

Жогорку Кеңештеги Коммунисттер фракциясы 9-январда электр кубатына тарифтердин жогорулашы жөнүндө маселени талкууга алып көчмө жыйын өткөргөнү жатат. Коммунисттер фракциясынын мүчөсү Бүмайрам Мамасейитова “Азаттыктагы” маегинде аталган жыйында жоюлуп калган жеңилдиктер жөнүндө да сөз болорун билдирди.

- Энергетика бааларын көтөрүү чаралары жарым-жартылай 1-январдан баштап ишке ашып баштады. Сиздердин эртеңки талкууңар кечирээк жасалып жаткан жокпу, анткени коомчулук ноябрь айынан бери эле нааразылыгын билдирип келе атат?

- Мен айтат элем, бир эле энергетика боюнча талкуу жүрбөйт. Бүгүнкү күндө алынып салынган жеңилдиктерди дагы көпчүлүк элибиз билбейт, ошол туурасында сөз болот. Эмне себептен алынды, компенсациясы кандай болот, бизге комитетке фракцияга келип түшкөн арыз-муңдар ушул жөнүндө болууда. Эмне үчүн биз билбейбиз? Кандай болот? Биздики канча сом болот? Мына ушундай суроо менен кайрылуулар Бишкек шаарынын жашоочуларынан келип түшүүдө.

Ошондуктан биз фракцияда чечтик талкуу жүргүзөлү деп, министрликтердин, агенттиктердин жетекчилери да келип элдин алдында ачык-айкын айтып берсин. Экинчиден мына телеге деле, түз эфирге деле чыгып атышпайбы вице-премьер, социалдык фонд өкүлдөрү. Бирок эл телекөрсөтүүдө өздөрүнүн суроосун бере албай калат экен. Ошондуктан элдин кайрылуусу менен биз ушул ишти ачык кароо үчүн көчмө фракциянын жыйынын өткөрөлү деп кабыл алганбыз.

- Жылдын экинчи жарымынан тартып жылуулуктун, ысык суунун баалары дагы жогорулайт, бирок азыр айрым маалыматтар боюнча бийлик кийинки кымбаттоолорду ишке ашырбайт же ага убактылуу мараторий киргизет деген пикирлер айтылып атат. Сиз кандай ойлойсуз?

- Жеке менин пикирим, 1-июлда көтөрүлө турган бааларды президент дагы карап чыгат деп ойлойм. Себеби пенсиясы 4 000 сомго жетпегендерге электр энергиянын кымбаттаганына байланыштуу 200 сомдон кошумча бөлүп атат. Ал эми андайлар бүгүнкү пенсионерлердин 96 пайызын түзөт экен.

Шаарда компенсация 7 000 ден, 6 000 ден, 3 000 ден, 1 000 ден ала тургандардын категориялары 14. Көптөрү ага деле илинбей калып атпайбы, ошондуктан ветерандар чалып атышат “биз ушуну курган элек, бирок бүгүнкү күнү биз кандай акыбалда калдык” деп. Менин оюмча бул маселе кайрадан каралып чыгат го.

Өлүм менен жашоонун ортосунда жүргөн саясат

Өткөн жылы 8-январда маркум Медет Садыркулов президенттик администрациянын башчысы кызматынан бошотулган эле . Анын эки айдан кийинки өлүмү расмий түрдө жол кырсыгынан болду деген менен көпчүлүк бул табышмактуу өлүм Садыркуловдун саясий ишмердигине байланыштуу болду деген божомолду айтып келатышат. Бул темада жаш саясат талдоочу Мирсулжан Намазалиев өзүнүн ой-пикирин бөлүшөт.

- Президенттик администрациянын мурдагы башчысынын көз жумушу автокырсыктан болду деген расмий жыйынтыкка ишене алдыңызбы?

- Менин оюмча бул жыйынтыкка көпчүлүк эле адамдар ишенген жок, ошол эле учурда көп фактылар бул жол кырсыгы эмес экендигин дагы көргөзүп турат.

- Мисалы үчүн кайсы фактылар?

- Мисалы машинасынын модели. Ошол эле машинасынын бензин куя тарган жагынын жөндөн-жөн өрттөнүн кетпеши жана башка нерселер. Алардын бир орунда туруп калып өрттөнүп кетпей тургандыгына дагы кандайдыр бир фактыларды алып келет. Ал эми жаңы машинада отуруп алып жөн эле өрттөнүп кеткендиги эң жакшы боевик кинолорду эле салбаса, чындыктан кичине алысырак болуп турат деп ойлойм.

- "Азаттыктын" окурмандары Медет Садыркуловдун табышмактуу өлүмүн өткөн жылдын жүрөк титиреткен башкы окуясы деп белгилешкен. Бул табышмактуу өлүм башкалар үчүн чоң сабак болсун, үшүн алсын деген максатта атайын жасалган деген пикирлер дагы жок эмес. Сиз кандай ойлойсуз?

- Медет Садыркуловдун өлүмүн өтүп кеткен жылдын эң негизги окуясы деп эсептейм. Себеби дегенде 2009-жылы саясаттагы, өлкөдөгү өзгөрүүлөр Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешелүү болуп калды деп айтсам болот. Анын өлүмүнөн кийин көптөгөн саясатчылар өздөрүнүн сөздөрүнөн, иш-аракеттеринен аярлап, кичине коркунуч менен иштеп калды деп ойлойм. Бул окуя саясаттын өлүм менен жашоонун ортосунда жүргөн тармак экениндигин дагы көргөзүп кетти.

- Мурдагы саясатчынын өлүмү президенттик шайлоого кандайдыр бир деңгээлде оң таасирин тийгизди деген пикирлер бар?

- Бул жөнүндө так айта албайм, бирок ошол эле учурда жанагы президенттин айлана-чөйрөсүнө жаңы адамдар келип, жаңы технологиялар менен президенттик шайлоону өткөргөндүгү балким ошондон болгондур.

Менин оюмча өтүп кеткен жыл Медет Садыркуловдун тирүү кезинде пландаштырган иш-аракеттери менен өтүп кетти. Мурда Медет Садыркуловдун ар кыл амалдары бийликти ар дайым куткарып келген. Жаңы жылда, жаңы учурларды, жаңы саясий кризистерди азыр Медет Садыркуловдун жоктугунан көрөбүз. Эми 2010-2011- жылдары кандай болорун көрө жатарбыз

Таланган Кыргызстан

Бүгүн кыргыз гезиттеринин жаңы жылдык эс алуудан кийинки алгачкы сандары жарык көрө баштады.“Учур” гезити мурдагы вице-премьер-министрлердин бири Элмира Ибраимова менен маектешүүсүн окурмандарга тартуулады.

-Бизде мунай өндүрүүчү кендер арбын экени маалым. Эмне үчүн аларды өзүбүз иштете албайбыз?

“Агым” гезити мына ушул суроо менен Кыргызстан нефтетрейдерлер бирикмесинин президенти Базарбай Мамбетовго кайрылганда:

-Баткен обулусуна караштуу Кадамжай районунда Түндүк Сох, Чоң Кара, Калча деген аймактарда нефти менен газ запасы бар. Булар СССР убагында аныкталып, Ташкенде жайгашкан союздук мекемелерге берилген. 60 жылдан бери мунай сордурулуп келатат, бирок түшкөн пайданы коңшу өзбек туугандар көрүүдө. Эгемендиктин алгачкы жылында КМШ өлкө башчылары кол койгон келишим боюнча Түндүк Сох, Чоң Кара жана Калчадагы мунай жайларын өзүбүзгө өткөрүп алышыбыз керек эле. Тилекке каршы Акаев буга салкын мамиле жасаган. Ошондон бери аталган аймактарда 70ке чукул газ, нефти мунараларынын убайын өзбек бийлиги көрүп аткан чагы.

Мурдагы өкмөт башчысы Игорь Чудинов 2008-жылы өзбектер мунай сордуруп жаткан биздин аймактарды барып көргөн, бирок колунан эчтеке келген эмес. Кандай болгон күндө да аларды өзүбүзгө өткөрүп алышыбыз керек. Бийлик каражат таап, нефти кендерин иштетсе жыл сайын Ташкенге жалдырап газ сурабайт элек, мунай менен да камсыз болмокпуз,
- деп жооп берди.

“Агым” өзбек-кыргыз алакасын андан ары улап: “Ала топучандар “Дилоромду” сурашат” деген макала басты. Данияр Үсөнов Ташкенге барганында өзбек тарап Ысык-Көлдөгү пансионаттар маселесин да койгонун, ала топучандар көл жээгиндеги “Дилором”, “Рахот”, “Золотые пески” ж.б. пансионаттарды өз менчиги катары эсептээрин жазып чыкты.

Гезит ошону менен бирге эле Кадамжай сурьма комбинаты тууралуу кеп козгоп, комбинатты азыр казактар иштетерин, ээлик кылганына 5 жыл толсо да жылыш болбой эле банкрот болуп, эми ошол чоң базаны өзбектерге сатканы жатканын, мындан да көп аянтты ээлеген Майлуу Суу электр лампа заводунун Өзбекстандын аймагындагы тагдыры да белгисиздигин, эгер эки тарап менчик талашууга өтсө Өзбекстан сөзсүз Бүргөндү массивиндеги мунай, газ сактоочу кампаларды, ишкана имараттарды биздики деп чыгары аныктыгын, кыскасы Ысык-Көлдөгү пансионаттарыбызды өзбектерге кармата берип, алардын аймагындагы менчиктерибизден да кол жууп кала бербесек болду деп кабатырланган.

Журналист Келдибек Назиров андан ары анклавга айланган талаштуу бир далай жерлердин чечилбей келаткан тагдырына токтолуп: “Жакында эле Маскөө шаарына Ысык-Көлдөн жер берүү маселесин аякка барган мэр Нариман Түлеев көтөрө келди. Орустар далайдан бери Көл аймагына бекеринен кызыгып жүрбөгөнү белгилүү. Эми пансионат маселесин казактардан кийин өзбектер көтөрө баштады. Муну уккандан кийин Тажикстан менен Кытай да көлдөн жер сурайт. Ысык-Көлдү четинен коңшуларга кертип бере бергенибиз туура болобу деген суроону ойлогон эр азамттар эмнегедир жоктой” деп жыйынтыктаган..

Гезит булардан тышкары ЖК депутаты Ибрагим Жунусов Жогорку Кеңештин вице-спикери Чолпон Баекованы “куюшканга кыпчылбай жөн жүрүңүзчү!” деп кагып салганын, “Манас” аэропортунун башчысы Бакыт Сыдыков Австриzга барып 60 миң долларга бетин оңдотконун, азыр анын ордуна олтурсам дегендер Акүйдүн 7-кабатында аркы-терки чуркап жүргөнүн, кезинде Валерий Хон аттуу ишкердин нефти базасын агездеги 1-вице-премьер Бабанов тартып алды деген маалымат тарап келсе, эми Хон мырза анысын Бабановдон кайра кайрып алганын, эми Бабановдун башка бизнестерине да кара чабуул башталгынын кабарлады.

“Учур” гезити мурдагы вице-премьер-министрлердин бири Элмира Ибраимова менен маектешүүсүн окурмандарга тартуулады.

Оппозиция тууралуу оюн билдирген Элмира айым, азыркы оппозициянын Кыргызстанды кризистен чыгарууга багытталган идеясы жоктугун, өзү иштеп кеткен “Ак жол” партиясы менен басымдуу көбүн “акжолчулар” түзгөн парламентти адегенде эл үчүн, мамлекет үчүн иштейт деп үмүт кылганын, тилекке каршы антүүнүн ордуна үйбүлөлүк башкаруу жолун кош колдоп колдогонун байкагандан баштап үмүтү үзүлгөнүн баяндаган.

Элмира Ибраимова азыркы саясый кырдаалга баасын берип, адамдын бардык эркиндиктери жоголгонун, эл чындыкты айткандан да коркуп калганын, жакында эле президент алып чыккан Конституция долбоору да аябай кооптуу болуп турганын, анткени өлкө башчысынын долбоорунда кокус президент мамлекетти башкара албай калса анын милдетин убактылуу аткара турган экинчи адам көрсөтүлбөгөнүн, бул абдан коркунучтуу жагдайга, керек болсо төңкөрүшкө жол ачышы мүмкүндүгүн белгилеген.

Президенттин башкаруу реформасынын маңызын талдоого алган Ибраимова ошол эле учурда президенттик кеңешме каалаган адамын президенттин милдетин аткаруучу кылып дайындап коюшу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт. Маегинин акырында саясатчы айым Жогорку Кеңешке Зайнидин Курмановду президенттин так ошол Конституция боюнча долбоорун өткөрүү үчүн алып барышканын, долбоор кабыл алынгандан кийин парламент жогор жактын “каалоосу” менен тарап же өзүн өзү таратышы мүмкүндүгүн кеп кылган.

Ушул эле гезитке Базар Коргон районундагы Акман айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы Кыргызстандын элине кайрылуусу басылды. Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан электр энергиясына болгон төлөмдөрдүн тарифин көтөрүү демилгесин туура эмес деп эсептеген акмандыктар бул деген элге каршы жасалып жаткан саясат экендигин, муну менен энергетикалык кризистен чыгабыз деген ойдун жаңылыштыгын, анткени буга чейин эле жүз миллиондогон долларлар энергия тармагынын инфраструктурасын оңдоого жумшалганын, бирок ал каражаттардын кайда кеткени али күнгө чейин дайынсыздыгын белгилөө менен айыл депутаттар тариф саясаты калктын нааразылыгын күчөтүп, кырдаалды курчутуп жиберерин эскертишкен.

Гезит булардан тышкары БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун “Чөөлөр менен кузгундарга” бир атырылбайлыбы?!” деген чакырык макаласын да жарыкка чыгарды. Макалада негизинен президент сунуштап жаткан Конституцияга өзгөртүүлөрдү кийирүү долбооруна каршы ойлор айтылган.

“Учур” ушуну менен бирге эле жакында бир катар министрлер кызматынан айдаларын, алтургай айрымдарына кылмыш иш козголот деген имиштер барын, мындай тизмеге Т. Калымбетова, Н. Сулайманов, А. Келдибеков илинип калышы мүмкүндүгүн маалымдады.

Раатбек Санатбаев кыргыз спортунун сыймыгы эле

"Азаттыктын" архивиндеги сүрөт

Төрт жыл мурда 8-январда грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Раатбек Санатбаевди Бишкекте белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.

Грек-рим күрөшүнөн өлкө боюнча ХХ-кылымдын эң мыкты балбаны аталган Раатбек Санатбаевдин буйуртма менен кайтыш болгонуна төрт жыл болду.

Раатбек спорт менен 22 жыл машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбан эле. Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп, Азия оюндарында эки ирет күмүш байге уткан. Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынып, Атланта жана Сидней олимпиадаларында өлкөнүн намысын коргогон.

Чоң спорттон кеткенден бери өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуу менен бирге ишкерчилик кылып, бизнесте да алектенип келаткан.

Кыргызстанды эл аралык аренага тааныткан Раатбек Санатбаевдин Жалал-Абад шаарындагы алгачкы устаты, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Ибрагим Узаков “Тапанча” балбан шакирти башкаларга үлгү болгонун жана бийик адамкерчилигин айтып, Раатбекти эскерди:

- Мен аны 9 жашында күрөшкө алып келгем. Ошондо эле жөнөкөй, эмгекчил, ыймандуу бала эле. 8-класска чейин машыктырып, анын Бишкектеги спорт жатак мектебине алып келип, тапшыргам. Далай ирет Гран- при мелдештерде Кыргызстандын намысын колдон чыгарбады. Эмне болуп, кандайча каза болгонун билбей турабыз. Ачык көңүл, жайдары, кең пейил жан эле. Раатбектин алдыга койгон максаттары арбын эле, аткарылбай калды.. Баш көтөргөн жигиттерибизди буйуртма менен жогото берсек, бул намыска тийчү маселе. Ошондой эле кыргыз спортун реформалоо боюнча ой- максаттары, долбоорлору да бар эле.

Раатбектин эки ирет Азия чемпиону болушуна салым кошкон устаты, Казакстанга жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Эржан Ахметов "Алматыда калып спорт тармагында иште, же бизнеске аралаш, биз канаттууга кактырбайбыз десек, Раатбек Кыргызстандын туусун көтөрөм деп", Бишкекке баса бергенин арман кылып айтып жүрөт:

- Кыргызда таанымал инсандар саналуу гана. Алар: Чыңгыз Айтматов, Болот Шамшиев жана спорттон Раатбек Санатбаев. Ушундай эр азаматты сактай албай, ниети каралардын колунан бейажал тапканына ишенбей турам. Кыргызга мындай жигиттер керек эле, Раатбек дагы далай кызмат кылат болчу. Бир канатым кайрылып, Раатбекти эч убакта унутпай жүрөм.

Спорт коомчулугу 2006-жылы Раатбекти Улуттук олимпиада комитетинин жыйынында бул уюмдун мүчөлүгүнө көрсөтүп, жетекчи органына сунуштап жатышкан. Эгерде Улуттук олимпиада комитетине президенттикке талапкерлигин койсо спорт коомчулугу колдоп кетмек, ошондуктан анын жашоосуна айрым атаандаштары кыянатчылык кылды деген пикирлер да айтылып келет.

Көзү тирүү кезинде Раатбек менен көп ирет кездешип, спорт тууралуу далай маек курчу элек. Бир ирет маркум Раатбек Санатбаев кыргыз спортун көтөрүү үчүн айыл спортуна көңүл буруу керектигин мындайча айтып берген эле:

- Биринчи кезекте айыл спортуна, айылдык жаштарга өзгөчө көңүл буруп, атайын программа кабыл алып, район, шаар жана айыл өкмөт башчыларын милдеттендирип койсо, кыргыз спортунун тамыры, келечеги айылда. Таланттуу жаштардын багы ачылбай келүүдө. Дене тарбия, спорт тууралуу мыйзам да чийки. Ага толуктоолорду киргизүү керек.

Грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Касенов Раатбектин адамкерчилиги бийик болгонун, анын эскерүү мелдештери уюштуруп жүрүшкөнүн айтып, мындайча эскерди.

- Эми эмне болуп, кандайча каза болгону алигиче табышмак, себебин билбей турабыз. Ачык көңүл, жайдары, кең пейил жан эле. Раатбек бош убактысында спорт залга келип жаш балбандарга күрөш сырларын, ыкмаларын үйрөтүп турчу. Ал спорт менен гана жашап, жалын жаштыгын мекендин намысын коргоого жумшаган.

-Даңазалуу балбан, бийик адамкерчиликтүү Раатбек Санатбаев бардык спортчуларга үлгү, кыргыз спортунун сыймыгы эле, биз аны көзү тирүүсүндө барктай да, сактай да албадык, -деп эскерет, анын шакирттеринин бири, грек- рим күрөшү боюнча Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев.

-Раатбек агайдын атын спорт мектептерге, көчөлөргө ыйгарып, ысымын түбөлүккө калтырганы менен арабызда жоктугу өкүндүрөт. Ар жыл сайын аны эскерүүгө арналган эл аралык мелдеш өткөрүү демилгеси ар тараптан колдоого алынууда. Мага көп кеңештерин айтып турчу.

Кыргызстанды эл аралык аренага тааныткан Раатбек Санатбаев менен үзөңгүлөш болуп жыйырма жыл бирге иштеп, күрөшкөн өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу Эмил Алыкулов экөө жаш балбандарга күрөш сырларын, ыкмаларын үйрөткөнүн, үлгү болгонун жана бийик адамкерчилигин айтып, Раатбекти эскерди:

-Өлкөнү дүйнөгө тааныткан Раатбектин Кыргыз спортуна кошкон салымы зор эле. Ал түгүл Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет Азия чемпионатында эки жолу алтын байге утуп алган. Ошондой эле 1994- жылы Хиросимада өткөн Азия оюндарында өлкөнүн тарыхында биринчи болуп күмүш байгелүү утуп, Кыргыз туусу обого көтөрүлүшүнө Раатбек чоң үлүш кошкон. Кыргыз спорт тармагы анын жоктугун өкүнүү менен сезип турат. Жаштарга аны ар даым үлгү катары айтып келем.

Раатбекти спорт адиси Касымкул Оболбеков өтө жогору баалаганын айтып, анын адамчерчилик сапаттарын эскерди.

Раатбектин кичүү уулу Даулеттин айтымында анын агасы Бексултан атасынын жолун жолдоп, грек-рим күрөшү менен машыгып жүрөт.
Раатбектин жесири Сайра Санатбаеванын айтымында буйуртма менен өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин бети алигиче ачылбай турат.

Раатбек Санатбаевдин ысымы өзү билим алган Жалал-Абаттагы мектебине жана ушул шаардагы спорт мектебине дагы ыйгарылды.
Ошондой эле Бишкектеги Чыгыш-5 кичи аймагындагы спорт борборуна аты берилип, анын алдына эстелиги орнотулду.

Раатбек Санатбаевдин сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнгө коюлган. Жубайы Сайра, уулдары Бексултан, Даулет, кызы Азема жана достору анын мүрзөсүнө эстелигин коюшту.

Белгилүү балбан Раатбек 1969- жылы 7- майда Жалал-Абад шаарында туулган. Бабалары «Каман алп» аталып, балбандыгы менен даңазаланган.

Раатбек Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жайынан, Кыргыз дене тарбия институтунан жана Кыргыз- Славян университетинен билим алган.

Спорт менен 20 жылдан ашуун убакыт машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан. Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп, Азия оюндарында эки ирет күмүш байге уткан. Кыргызстандын көп жолку чемпиону аталып, 7 жолу жылдын мыкты балбаны катары сыйланган.

Дүйнө чемпионатында коло байгелүү болуп, Атланта жана Сидней олимпиадаларында өлкөнүн намысын коргогон.

13 ирет эл аралык Гран- при мелдештеринде жеңишке жетишкен.

Спорттогу ийгиликтери «Даңк» медалы, Улуттук олимпиада комитетинин ордени жана Казакстандын «Кайсар» медалы менен бааланган.

Отун-суу тарифтерин көтөрүүгө мораторий сурашууда

Жаңы жылдын башталышы менен Ошто отун-сууга тарифтерди көтөрүүгө мораторий киргизүү өтүнүчү менен президентке кайрылуу жолдошту. Нарында болсо электр кубатына баанын жогорулашына каршы кол топтоо башталды.

Отун-суу тарифтерине мораторий киргизүү өтүнүчү менен Ош шаарындагы бир катар жана саясий уюмдар президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдошту. Алар электр кубатына жана жылуулукка бааны беш эсе көтөргөн өкмөттү таратып, кризистик мезгилде министрлер кеңсесин президентти жетектөөсүн сунуш кылышкан.

Нарында болсо жарандык уюмдар электр кубатына баанын кымбаттаганына каршы кол топтоо иш чарасын баштап, өкмөттүн тариф боюнча чечимине мораторий жарыялоону өтүнүп Жогорку Кеңешке кайрыла турган болушту.

Ал эми Кыргызстан коммунистер партиясы Бишкектеги Профсоюздар үйүндө көчмө жыйын уюштуруп, анда электр кубатына жана жылуулукка тарифтердин көтөрүлүшү, ардагерлерге жеңилдиктерди акчалай түрдө берүүгө өтүү маселелесин талкуулашмакчы.

Айрым бир божомолдорго караганда президент жакын арада азыркы тариф саясатын токтотууга өзүнүн буйругун даярдап жаткан имиш.
Архивдеги сүрөт
Мындай божомолдор жаңы жыл алдында эле коомчулукта айтыла баштаган, дейт “Ар намыс” партиясынын төрага орун басары Бөдөш Мамырова.

-Тарифтерди төмөндөтөт экен деген пикир коомчулук арасында жаңы жылдын алдында эле козголуп калган. Жаңы жыл болоору менен тарифтерди президент өзүнүн буйругу менен артка кайтарат экен деп. Эгерде президент өзүнүн жарлыгы менен тарифтерди артка кайруу боюнча өзүнүн чечимин кабыл ала турган болсо, анда бул жерден аргасыздан бир ойго келесиң. Президент менен өкмөттүн буйруктарынын ортосунда карама каршылык келип, анда ушул тариф менен өкмөт өзүнөн-өзү отставкага кеткенге туура келет. Анткени кайчы пикирлер жаралып калышы мүмкүн.

Айрым саясат талдоочулар отун-сууга тарифтерди көтөрүү маселесин өзүнчө саясий технология катары пайдаланышканын айтышууда. Алардын пикиринде карапайым эл отун-сууга тарифтердин көтөрүлгөнүнө алаксып, “Центера Голд” компаниясынын, “Түндүкэлектр” жана башка ишканалардын менчиктештирилип башка колго өтүп кетишине анчалык маани бербей калышты.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев алардын партиясы отун-сууга тарифтердин көтөрүлүшүнө башынан эле каршы турганын, эгерде президент тарифтердин баасын кайра төмөндөтүү тууралуу буйрук чыгарса, бул Бакиевге саясий аброй алып
келбестигин белгиледи.

- Азыр президентте бүт ыйгарым укуктар бар. Бул тарифтерди президент билбей калып көтөрүлдү деген сөз туура эмес. Эң негизгиси эл билип турат, “ким чечип атат, ким чечимди кабыл алып жатат?” деп. Муну президент жакшы билет. Эгер тарифтердин баасын оңдоп, азайтса анда ал түшүндүрүп бериши керек, эмне үчүн ушундай чечимге барганын. Анда ким жооптуу болсо, аны жоопко тартыш керек. Бул оюнчук эмес да элдин тагдыры, элдин келечеги, экономиканын эртеңки багыты.Бул оюнчук эмес да.

Темир Сариев “мамлекеттик саясатты тобокелге салууга болбостугун, азыр мамлекеттик бийликте бири-бирин көзөмөлдөп тең салмактап турган бийлик системасынын жоктугунан, Жогорку Кеңештин кол парламентке айланганынан улам ушундай өзүм билемдик баш аламан саясат жүрүп”,- жатат дейт.

“Бишкекжылуулуктармактар” ишканасынан жетекчиси Мирбек Батаканов болсо отун-сууга тарифтерди төмөндөтүү боюнча эч кандай
маалыматы жоктугун билдирди.

-Биздин ишканадагы маалымат ноябрь айында чыккан өкмөттүн тариф саясаты боюнча 2010-11-12-жылдын токтомунун маалыматы бар. Ага байланыштуу Энергетика министрлигинин чыгарган буйруктары бар. Биз мына ошол буйруктарды аткаруунун үстүндө иштеп жатабыз. Ал эми тарифтерди төмөндөтү боюнча эч бир маалыматым жок, -деди Мирбек Батаканов

Кыргыз өкмөтү 2010-жылдан тарта электр кубатына акыны эки эсе, жылуулук менен ысык суу үчүн төлөмдөр беш эсе көтөрүлөрүн ноябрь айында жарыялаган. Өкмөт буга энергетика тармагын оңдоо жана колдоо максатында барып жаткандыгын белгилөөдө.


"Азаттыктын" архивинен: Энергетикадагы кейиштүү кырдаал

Энергетикадагы кейиштүү кырдаал. 1-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

М.Чолпонбаев: Балыкчыдагы сот бийликтин гана буйругун аткарды

Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандарга карата чыгарылган сот өкүмү күчүнө кирди. Соттолгон адамдар жазаларын кандай тартипте өтөшөт жана сот чечимин талашып жогорку инстанцияларгы арызданышы мүмкүнбү? Бул жөнүндөгү суроолорго Мукар Чолпонбаев жооп берет.

- Мукар мырза мына Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандарга соттун өкүмү күчүнө кирди эми алардын андан аркы жаза өтөөнүн шарты кандай болот?

- Төртөөнө эркинен ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Эми аларга аныкталат кайсы жерде өтөй тургандыгы, калгандары болсо бошотулду алар болсо өздөрүнүн жашаган жеринде үйүндө жашашат. Ай сайын келип туруп районундагы тийиштүү Ички Иштер Бөлүмдөрүнө катталып турушат.

- Төртөөнүн тагдыры анда жакынкы күндөрү башкача чечилет турбайбы?

- Сот чечпейт, сот аларды чечти. Эми аны аткаруу органдары ишке ашырат. Анан эми дагы оппjзициядагылар карап көрүшөт, балким кассациялык тартипте алардын иши каралып калышы мүмкүн.

- Өкүмдөрдү өзгөртүү боюнча Жогорку Сотко арыз берилбей тургандыгы тууралуу айтылган эле, кайра каралып көрүлүшү мүмкүн болуп атат экен да?

- Каралышы мүмкүн, мыйзамда ошондой жол бар.

- Негизи эле ушул соттун чечимине адвокат катары кандай баа берип жатасыз?

- Мен соттун чечимине адвокат катары берер баам, сот судья эмес деп айтар элем. Бул болгону бийликтин буйругун аткара турган орган болуп, бүгүнкү күндө сотту уятка калтырды деп ачык айтам.

- Булар толугу менен акталыш керек эле да?

- Биздин көз карашыбызда толугу менен акталыш керек болчу, бийликтин гана буйругун аткаргандарды сот эмес эле, бир башкача адамдар деп айтсак болот.

- Ушундай эле өкүмдөр мүмкүн Петровка окуялары боюнча да чыгышы мүмкүнбү, сиз кандай деп ойлоп жатасыз?

- Ушундай эле өкүмдөрдү Петровкадан, Аскер сотунан да болушу мүмкүн. Анткен себеби бул сотторго, илгери Акаев айткандай, биз да ишенбей турабыз.

- Арыз берүүдөн баш тартуу ошол ишенимдин жоктугунан келип чыгып жатат да сиздерде?

- Ооба, жалаң ошол ишенбөөчулүктөн болуп жатат.

- Рахмат маегиңизге!

Медет Садыркуловдун өлүмүнө бир жыл

Мындан туптуура бир жыл мурда, былтыр 13-марттын таңында президенттик администрациясынын мурдагы башчысы Медет Садыркулов жол кырсыгынан каза тапканы кабарланган. Табышмактуу жагдайдагы бул кырсык боюнча "Азаттыктын" архивинен, былтыр жыл соңунда даярдалган макаланы сунуштайбыз.

“Азаттыктын” интернет баракчасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо окурмандардын көпчүлүгү 2009-жылдын башкы окуясы катары Медет Садыркуловдун өлүмүн эсептешерин билдиришкен. Ырасмий түрдө жол кырсыгынан өлүмгө дуушар болду делген М.Садыркуловдун табышмактуу өлүмү көптөгөн күдүк ойлорду жараткан эле.


Туура бир жыл мурда, 2009-жылдын 8-январында президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен ошондогу президенттик администрация жетекчиси Медет Садыркулов кызматынан бошотулган. Өз каалоосу менен арыз жазып, “башка кызматка өткөнүнө байланыштуу” деген негизде бошотулуп, ага Тышкы иштер министри кызматы сунушталары айтылган. Бирок М.Садыркулов эмнегедир оппозиция өкүлдөрү менен жолугуша баштаган болчу.

Ошол эле жылдын 13-мартына караган түнү Бишкектин четинде өрттөнгөн “Lexus LX 570” маркасындагы авто унаа табылып, ичинен күйгөн үч дене чыккан. Кийин ал күйгөн денелер мурдагы президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов, мурдагы эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун директору Сергей Слепченко жана М.Садыркуловдун айдоочусу Кубат Сулаймоновго таандык экендиги аныкталган.

Болуп өткөн окуя боюнча Ички иштер министрлиги “жол кырсыгы” деген негизде иликтөө иштерин баштаган. Ал эми оппозиция өкүлдөрү, ал гана эмес айрым бийлик өкүлдөрү да М.Садыркулов менен болгон кандуу окуяны адам өлтүрүү катары баалашкан. Дал ошол окуяны “Азаттыктын” интернет баракчасындагы сурамжылоого катышкандардын көбү 2009-жылдын башкы окуясы катары көрсөтүшкөн.

Ырасмий версия: Жол кырсыгы

Ырасмий версия боюнча окуя болгон күндөн тартып эле “жол кырсыгы” деген негизге басым жасалган. Ага ылайык Өмүрбек Осмонов аттуу “Аudi-100” маркасындагы авто унаанын айдоочусу Бишкек - Жылуу-Суу авто жолунда, Кой-Таш айылына жакын жерде уктап кетип, М.Садыркуловдор отурган “Lexus LX 570” маркасындагы унааны сүзүп алган. Натыйжада өрт чыгып, “Lexus LX 570” унаасында отургандардын үчөө тең күйүп кетишкен. Ал эми “Audiнин” айдоочусу Ө.Осмонов азыноолак жаракат алып, аман калган.

Ырасмий маалыматтар боюнча окуя болгон түнү М.Садыркулов түшкөн унаа Алматы шаарынан келаткан. Бирок эмнегедир алар үйлөрүнө түз барбай Бишкектин жогору жагына, Кой-Таш айылы трапка чыгып кетишип, жолдо кырсыкташкан.

Бир катар бийлик өкүлдөрү болсо бул окуяны саясатташтырбоо керектигин, авто кырсыктары көп эле болчу көрүнүш экенин айтып чыгышкан. Маселен “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Ажыбай Калмаматов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип атып мындай деген:

Ажыбай Калмаматов
- Анын тегерегиндеги болуп аткан сөздөргө келсек, аны биз саясий заказ же башка бир криминалдык иштерге байланыштыра албайбыз менин оюмча. Менимче бул кокустук болсо керек. Мындай кокустуктар коп эле болот. Ал саясатчы болуп, мурда президенттин администрациясынын жетекчиси болуп турганы үчүн көңүл бурулуп атат.

Тергөө жыйынтыгы “Audiнин” айдоочусун айыптуу деп таап, Аламүдүн райондук соту 2009-жылдын 5-июнунда Ө.Осмоновду 12 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган. Жабырланган тарап чечимге макул болбой жогорку инстанцияларга кайрылган. Чүй облустук соту, андан кийин 2009-жылдын 4-декабрында Жогорку Сот дагы Аламүдүн райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Мындай кокустуктар коп эле болот. Ал саясатчы болуп, мурда президенттин администрациясынын жетекчиси болуп турганы үчүн көңүл бурулуп атат.

Ажыбай Калмаматов

Ошентип ырасмий версия боюнча белдүү саясатчы, К.Бакиевдин командасында далай долбоорлорду ишке ашырып, соңку кездери бийликке таарынычын жашырбай калган М.Садыркуловдун өлүмү “жол кырсыгы” деген аныктамадан аша албай калды.

Ырасмий версияга ишенбегендер көп

Кырсык болгондун эртеси эле оппозиция өкүлдөрү М.Садыркулов мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн айта башташкан.

Маселен, “Улуу Биримдик” партиясынын лидери, БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Эмил Каптагаевдин пикиринде, М.Садыркуловго каршы террордук чабуул уюштурулганы көрүнүп турат. Анын ырасташынча, Алматыга кетердин алдында М.Садыркулов аны менен жолугуп, соңку кездери президент менен тил табыша албай калганын, К.Бакиевдин жеке бийлигин чыңдоого жардам берип ката кетиргенин, эми аларды оңдоого ниеттенип калганын, жакын арада бардык конструктивдүү күчтөрдү бириктирүүгө аракет кыларын айткан:

- Ал киши мага “өлкөдө конструктивдүү күчтөрдүн жалпы биригүүсү алдында турабыз. Бир-эки күндөн кийин көрөсүң кандай чоң саясий процесстер башталарын. Биз азыр чоң саясий кыймылдын астында турабыз” деп айткан. Өзүнүн сөзү бул. Мисалы, Алматыга барып жолуккан кишилерин, бияктагы жолуккан кишилерин, ошол жасайын деп аткан иштеринин түбүн, тамырын карап көрсө эле ошонун себептери чыгат. Менин оюмча бийликке абдан коркунуч туулган. Алар Садыркуловдун уюштуруу дараметинен, саясий аброюнан коркушкан. Ошонун негизинде эле ушундай кырсык өзүнөн-өзү чыгып калды деп ойлойм.

Ушундай эле маанайда жолугушуулар болгонун “Ата-Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Азимбек Бекназаров сыяктуу саясатчылар да айтып чыгышкан.

М.Садыркулов былтыр 8-январда кызматтан кеткенден кийин “Ак жол” партиясынын төрага орун басары, андан соң вице-премьер-министр болуп турган Элмира Ибраимова дагы кызматтан кеткен. М.Садыркулов кейиштүү абалда кайтыш болгондон кийин дал ушул Э.Ибраимова анын жөн гана жол кырсыгына кабылганына ишенбей турганын айткан эле:

- Бир жумадай болду го, Медет Чоканович айткан, “Тиякта, үйдүн жанында бирөөлөр туруп атат. Мени өлтүргөн атышат” деп айтты...
Менин оюмча бийликке абдан коркунуч туулган. Алар Садыркуловдун уюштуруу дараметинен, саясий аброюнан коркушкан.

Эмил Каптагаев

Саясий серепчилер “Ак жол” партиясын дал ошол М.Садыркулов түптөгөнүн, Жогорку Кеңешке “Ак жол” аркылуу өзүнүн кадрларын да алып келгенин, алардын арасында Элмира Ибраимова, Зайнидин Курманов, Эрик Асалиев, Эрнест Акрамов сыяктуулар болгонун айтып келатышат. Бирок М.Садыркуловдун өлүмү жөн кырсыкка окшобой турганын Э.Ибраимова менен Э.Акрамов гана айтышкан болчу. Ал эми башкалары унчуга албай, ал тургай З.Курманов жакында эле президенттин колдоосу менен парламент төрагасы болуп калды.

М.Садыркуловду коркутуулар мурда эле болуп келген

2008-жылы Медет Садыркуловдун үйүнө белгисиз бирөөлөр жаңы жылдык белек катары кесилген кулак менен манжа таштап кетишкени да көп айтылган. Кийин аны М.Садыркулов менен акыркылардан болуп көрүшкөн журналист Аркадий Дубнов да айтып, бул окуя тууралуу аны менен соңку жолугушууда кеңири сөз болгонун билдирген.

Президенттик администрацияны башкарып, экинин бири болуп турган адамга мындай коркунучтуу эскертүүнү кимдер даап жасаганы табышмак. Бирок коомчулукта мындай ишти М.Садыркуловдун бийликтеги өтө таасирлүү атаандашы уюштурган деген кеп тараган. Маселен, Э.Каптагаевдин айтымында, ошол убакта манжа менен кулакты М.Садыркуловдун үйүнө милиция кызматкерлери алып барганы тууралуу маалыматтар пайда болгон:

- Сөөмөй менен кулак берилгенде, “ошону жасаган милиция кызматкерлери кармалды, сурак болуп атат” деген маалымат прессада болгон. “Төрт милиция кармалды, сурак берип атышат, ошолор машинесинин номерин талаага алып барып таштап атканда жергиликтүү эл көрүптүр” деп чыккан да. Андан кийин эле ың-жыңы билинбей кетти. Ал милициялар эмне болду? Сот жообуна тартылдыбы..?

М.Садыркуловду абдан таланттуу уюштургуч катары баалаган серепчилер, К.Бакиевдин жеке бийлигин чыңоого, оппозицияны алсыратууга дал ушул фигуранын салымы чоң болгон дешет. Андыктан аны көптөгөн оппозиция өкүлдөрү деле жактырбай, “серый кардинал”, ордо оюндарын усталык менен жүргүзгөн адам катары сыпатташчу.
Медет Чоканович айткан, “Тиякта, үйдүн жанында бирөөлөр туруп атат. Мени өлтүргөн атышат” деп айтты...

Э.Ибраимова

Бийликтин бийик сересинде ошол кездеги парламент төрагасы Адахан Мадумаров менен М.Садыркуловдун тиреши ачыкка чыгып кеткени деле маалым. “Жаңгак уюлу” чатагы негизинде 2008-жылдын май айында А.Мадумаров төрагалыктан кетүүгө аргасыз болуп, ал өзү чатактын чыгышына М.Садыркуловду күнөөлөгөн. Бирок ошол эле жылдын октябрында А.Мадумаров өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалып, президент өткөргөн жыйындарда М.Садыркулов менен маңдай-тескей отуруп калган.

Талдоочулар мындай көрүнүштү “таасири артып кеткен М.Садыркуловго атаандаш болсун үчүн жасалган атайын дайындоо” катары баалашкан эле. Ошол дайындоодон эки ай өткөндөн кийин М.Садыркулов өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазган. Бирок кандай болгон күндө да М.Садыркуловдун анча-мынча А.Мадумаров сыяктуу атаандаштары ага олуттуу коркунуч жарата алмак эмес дешет.

Алматы сапары, “Кандуу жол”...

М.Садыркулов менен акыркылардан болуп Алматы шаарында журналист Аркадий Дубнов маектешкен. “Немис толкунуна” интервью берип атып ал М.Садыркулов менен көпкө сүйлөшкөнүн, ага коркутуп-үркүтүүлөрдөн кабары бар экенин, анын башкы каршылашы президенттин жакын тууганы болгон өтө таасирлүү генерал болгону баарыга маалым экенин айткан.

Алматыга М.Садыркулов бир катар белдүү адамдар менен жолугуп, тыштан да колдоо табууга, баштап аткан иштери үчүн каражат издөөгө барган дешет. Бирок Алматыга сапарынан кайтып келатып жоболоңдуу окуяга кабылды.

М.Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу Эдил Кожошизи деген ылакап ысым менен “Кандуу жол” аттуу чыгарма да жазылып кетти. Чыгармада сүрөттөлгөн окуянын жылы, күнү, саатынан бери М.Садыркуловдун өлүмүнүкүнө дал келип турат. Тек гана андагы каармандардын аттары өзгөртүлгөн. Маселен, чыгармадагы баш каармандын аты-жөнү Медер Садырбеков, өлкө президентинин фамилиясы Кибаев, анын иниси жана жан сакчыларынын аты-жөнү Жакен Кибаев, коопсуздук кеңеш катчысы Хамадаев, ички иштер министри Конкаргаев ж.б.

Чыгармада президент жана анын үй-бүлөсү менен келише албай президенттик администрация башчысы кызматын таштап кеткен Медер Садырбековдун өлүмү кеңири сүрөттөлөт. Анда Медер Садырбековду президенттин бир тууган иниси, генерал Жакен Кибаев Алматыдан келаткан жолдо карматып, желдеттери менен бирге кыйнап өлтүрөт да өрттөтүп жиберет. Интернет айдыңында пайда болгон бул чыгарма көптөгөн суроолорду да жаратты. Ошентип табышмактуу, көптөгөн суроолорду жараткан М.Садыркуловдун өлүмү көркөм чыгармага да айланып кетти.

Азаттыктын архивинен: Капчыгайдагы каргашалуу окуя

Аламүдүн капчыгайы: Каргаша болгон жай
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00

Мигранттардын мекенине кайтуу толкуну байкалган жок

Эл аралык кризис тобу мигранттарды тосуп алууга камылгалар көрүлбөсө Борбор Азия мамлекеттеринде туруксуз кырдаал болушун эскерттти. Эл аралык эмгек уюмунун Борбор Азиядагы программасынын координатору Кылычбек Исаны “Азаттык" ушул темада кепке тартты.

- Эл аралык кризис тобу дүйнөлүк экономикалык кризистин натыйжасынан кайрадан мекенине кайткан мигранттар дагы көбөйүшүн белгилеп, алар үчүн жумуш орундарын түзүүгө чакырып атпайбы. Сиздин оюңузча, кыргыз өкмөтү сырттан кайткан жарандарын жумуш орундары менен камсыз кыла алабы?

- Негизи башында глобалдык кризис башталып, Россия менен Казакстанга жеткенде эмгек мигранттарынын баардыгы, жок дегенде 50 пайыздан көбү кайтып келет го деген ойлор болгон.

Бирок андай болгон жок, себеби ошол эле Орусиянын Камчатка, Сахалин, Чукотка деген аймактарында адам ресурстары мурда эле жетишчү эмес да ошон үчүн борбордук жактагы, чоң шаарларда эмгек кылып жүргөн кыргыз мигранттарынын жумушсуз калгандарынын бир тобу ошол жакка ооп кетишти.

Анан Кыргызстанга кайтып келген мигранттардын саны көп деле болгон жок, бул жагынан жакшы болду. Экинчиден, 10-15 жыл мурда кеткен кыргыз жарандары ал жактан өздөрүнүн ордун таап алган. Алар деле кайтып келишпейт, келишсе туугандарына, эс алганга келиши мүмкүн, негизинен массалык түрдө кайтып келген учурлар болгон жок.

- Ошентсе деле эл аралык уюмдар, Кыргызстандын Улуттук Банкы сырттагы мигранттардан келип жаткан акчанын көлөмү азайганын билдирип атпайбы, бул деле экономикалык каатчылыктын бир белгиси да...

- Эми бизде ИДПнын 10 пайызын ошол эмгек мигранттары салып жиберген акча түзчү да. Бирок менимче, 10 пайыз деген бул эксперттердин божомолу да. Менимче, Кыргызстан үчүн эмгек миграциясы эң маанилүү тармак болуп эсептелбейт. Алардан келген каражат азайды, бирок анча деле эмес.

Эми мигранттар кайтып келсе аларды мамлекет жумуш менен камсыз кыла алабы дегенге кайра келсек,бизде жумуш деген толтура. Бирок эл ошол жумушка барып иштебейт, анткени айлык акы аз. Ошондуктан айлык акыны көбөйтүш керек, айлыкты көбөйткөнгө мамлекеттин кудурети жетпейт. Себеби ал үчүн аймактын жалпы экономикасы өнүгүшү керек.

- Маегиңизге рахмат.

"Азаттыктын" архивинен: Өзбек мигранттары мекенине кайтууда

Өзбек мигранттары мекенине кайтууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG