Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 08:14

Кыргызстан

Коммунисттик режимге каршы алгачкы иш-чарага 20 жыл

20 жыл мурдагы иш-чара Кыргызстандын андан кийинки саясий багытын тандоосунда чоң салымын кошкону айтылып келет.(Сүрөттө: 2006-жылдын ноябрь айындагы "Ала-Тоо" аянтындагы оппозиция митиги.)

Мындан жыйырма жыл мурун 25-январда Кыргызстанда коммунисттик режимге каршы чыккан жаштар Ала-Тоо аянтында алгачкы демонстрациясын өткөргөн. Анда жаштарды турак-жай жана жумуш менен камсыз кылуу талабынан тышкары алгачкы саясий талап – союздун курамынан чыгып, өз алдынча мамлекет болуу талабы коюлган.

Бул иш-чара Кыргызстандын андан кийинки саясий багытын тандоосунда чоң салымын кошкону айтылып келет.

Азыркы тапта саясатчылардын катарына кирип калган Жеңиш Акматов 1990-жылы 2-курстун студенти эле.

Ал жаштардын 25-26-январда Ала-Тоо аянтында өткөн алгачкы демонстрациялар тууралуу мындайча эскерет:


Ж. Акматов 1990-жылы 25-январда 2-курстагы студент болгон
- Кыштын кар жаап жаткан күнү кечинде “Ак үйдүн алдында митинг болот экен” деген кабар тарады. Анан окуу жайлардын, факультеттердеги активист балдар-кыздар Өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, ал жерден митингге катыштык.


Жыпар Жекшеев келип сүйлөдү, ошол убактагы Коопсуздук кызматынын жетекчиси генерал Асанкулов келип, “тарагыла” деп таратып жиберишти.


Эртеси күнү (26-январда) дагы уланды, ал күнү эл көп чогулган. Андан кийинки күндөрү эле ошол митингге катышкан студенттердин баарын ректоратка чакырып, айылдан ата-энелерин кошо чакыртып, “мындан кийин мындай болбойт, саясий иш-чараларга катышпайм” деген убадаларын алып, катуу ызы-чуу болгон.

Ал эми жаштардын бийликке нааразылык иш-чарасына жигердүү катышкан бейөкмөт уюмдун - "Ашар" кыймылынын иш-аракетинин уюштуруучусу болгон “Ашар” кыймылынын ошол кездеги жетекчилеринин бири Жыпар Жекшеев бул митингге Бишкектеги курулуп бүткөн үйлөргө Азербайжандан качкындарды алып келип, отурукташтырат экен деген кабардын негизинде ошол кездеги өкмөткө каршы чыккан үй-жайсыз жаштар да катышканын эскерет:

Ж. Жекшеев -"Ашар" козголушун жана саясий митингдин уюштуруучусу
- Ошондо армян-азербайжан чатагы жүрүп жаткан. Ошондо “бизге Бакудан миңге жакын армян үй-бүлөсү келет экен, аларга үйлөрдү даярдап, берген атышат” деген кабарды ИИМде иштеген бир подполковник жеткирди.

Биз ага чейин жарым жыл мурун үй-жайсыз жаштардын турак-жай тургузуу үчүн шаар четинен жер ээлеп алышын колдоп, алардын башын бириктирип, “Ашар” деген коом түзгөнбүз.

Анан бул жерде даяр бүткөн үйлөрдү сырттан келген качкындарга берилишине каршы туруу үчүн 25-январда кечки саат алтыга Ак үйдүн алдына чогулгула деп, жаштардын ар кайсы уюмдарына көрсөтмө бердим.

“Ашар” козголушунун өкүлдөрүнүн жана башка өкмөт саясатына нааразы бишкектик жаштардын лидерлеринин уюштуруусу менен 25-январда башталган нааразылык иш-чарасы эртеси күнү да борбордук аянтта улантылган.

Көпчүлүк жаштар жыйынды социалдык талаптар менен эле чектөө аракетин четке кагышкан. Жыйында саясий талаптар айтыла баштаган.

Жыпар Жекшеевдин айтуусунда Кыргызстан СССРден көз карандысыз өз алдынча мамлекет болушу керек деген талап дагы алгачкы жолу ошондо коюлган:

- “Союздун саясаты менен макул эмеспиз, анда кыргыз элинин кызыкчылыгы эч качан эске алынган эмес, аткарылбай келди, ошондуктан, Кыргызстан союздун курамынан чыгып, өз алдынча демократиялык өлкө болсун” деген талаптарды, чакырыктарды ошол күнү айта баштадык.

“Ашар” коому андан жети айдай мурдараак, 1989-жылы июнда Бишкектеги үй-жайсыз кыргыз жаштарды турак-жай менен камсыз кылуу талабын коюп, шаардын четиндеги айдоо аянттарын үй куруу үчүн ээлеп алып жаткан жаштардын башын бириктирип түзүлгөн.

1985-жылы СССРдин акыркы жетекчиси М. Горбачев жүргүзгөн жалпы союздук деңгээлдеги кайра куруу ачык саясаттын эпкини менен ал убакта жалпы державада ар кандай толкундоолор, союздун курамынан чыгып, өз алдынча мамлекет болуу талаптары коюлуп жаткан.

“Кыргызстан коммунисттери” партиясынын мүчөсү Орозбек Дүйшеев союзду кулатуу империалисттердин негизги максаты болгон, алар “Ашар” козголушу сыяктуу улутчул кыймылдарды пайдаланган, деп эсептейт:

О. Дүйшеев: "Союзду кулатуу империалисттердин негизги максаты болгон, алар “Ашар” козголушу сыяктуу улутчул кыймылдарды пайдаланган"
- Мунун бардыгын АКШ башында турган империалисттик бийлик социализмге каршы жасаган. Бирок эми мындан кимге пайда чыкты?

Мына мурунку СССРдин курамындагы мамлекеттер бүгүнкү күнгө чейин оор акыбалда калды.

Социалдык теңсиздик күчөдү, мына азыр Кыргызстандагы элдин 5-6% абдан бай, укмуш жашап жатышат, калгандары баары оор жашоону баштан кечирип жатышат.

Кыргыз эли азыр эмнеге ээ болуп кетти?

Кен-байлыктарынын баарын капиталисттер ээлеп атат, бийликти дагы башкалар башкарып жатышат.



Ал эми саясат талдоочу Токтогул Какчекеев “Ашар” козголушу тарабынан саясий талаптар коюлуп, элдин аң-сезими өзгөргөнү өлкөнүн келечекте демократиялык жолго түшүүсүнө чоң салымын кошту, бирок бул максатты Акаевдин үй-бүлөлүк режими жокко чыгарып кетти деген пикири менен бөлүштү:

Т. Какчекеев 20 жыл мурун ИИМ кызматкери болчу
- Мунун баары тең кыргыздын эгемендик доорундагы биринчи адамдар.

Алар өз доорунда бийликке каршы чыгып, “өз мамлекетибизди курабыз” деген адамдар болгон.

Ошол алгачкы жолу тоталитардык бийликке каршы чыккан адамдар Кыргызстандын жаңы тарыхында орун алышы керек болчу, ошолордун эрдигине, ак жүрөктүгүнө сөз айта албай, жаш муундарды окута албай жатабыз.

Акыйкатсыздык болбой жатат, ошол убактагы компартиянын райондук бөлүмдөрүн башкарып отургандар бүгүн дагы деле кызматта
.

Кийинчерээк, 1990-жылдын 25-майында, "Ашар" козголушу башка да "Асаба" сыяктуу жаңы уюшулган саясий партиялар, бейөкмөт уюмдар жана коммунисттик режимге каршы саясатчылар, интеллектуалдар, студенттер менен бирге "Кыргызстан" демократиялык кыймылы (КДК) уюмуна кирген.

Серепчилер жана тарыхчылар "ашарчылар" жана аларды колдогондор тарабынан Бишкекте 1990-жылдын 25-26-январында уюштурулган нааразылык жыйындары Кыргызстанда коомчулуктун өз эркиндиги үчүн күрөшкө чыгуусу үчүн ойготкуч мүнөзгө ээ болгонун белгилешет.

Алгачкы анти-коммунисттик каршылыкка - 20 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00

Өзбекстан жарадар кыргыз чек арачысын кайтарып берди

17-январда атышуу болгон Чек айылынын өзбек тарабы.

Жалал-Абат облусунда чек арачы Нурбек Орункуловду 17-январда кыргыз аймагына кирип келип, ок аткан өзбек жоокерлери жарадар абалында өз аймагына алып кирип кеткен эле. Жарадар чек арачы Кыргызстанга кайтарылганын облустук бийликтин коопсуздук маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы Кадырбек Бечелов билдирди.

- Кадырбек мырза, 17- январда өзбек жоокерлери жарадар кылып, өз аймагына алып кетишкен чек арачы Нурбек Орункулов кайтарылып алындыбы? Ал Анжиян облусундагы ооруканада дарыланып жатат дешти эле, анын ден соолугу кандай экен?

- Ооба, өзбек тарап биздин чек арачыны 23-январда беришти. Чек ара кызматынын төрагасы өзү барып алып келип, азыр Ошто дарыланып атат. Абалы жакшы, жараты бар, автоматтын огу жарып өткөн. Бул боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүрүп бүттү. Эми азыр Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда эч кандай маселе деле жок. Бул чек арада анча-мынча болуп тура турган маселелер. Мындай маселелер бардык эле жерлерде бар, чуу көтөрүп, орчундуу маселеге айландыруунун кажети жок.

- Кыргыз чек арачысын кайтарып берген Өзбекстан жарадар жигитке эч кандай шарт койгон жокпу? Анткени, 21-январда коңшу мамлекеттин Наманган облустук сыналгысы “кыргыз жоокерлери өзбек чек арачыларын кармоого аракет кылганда ок атылган, ошондуктан кылмыш иши козголушу мүмкүн” дегендей маалымат таркаткан эле?

- Өзбекстан жалган айтат. Мен аны уккан эмесмин, андай берүүнү да көргөн жокмун. Чек араны бузуу деген сөз жок. Өзбекстан тарап тиги бала жараат алгандан кийин Анжиянга дарылоого алып барышкан. Дарыланып жатып, азыр Ошто дарыланып атат.

- Базар-Коргон районунан Хасиятхан ажы аттуу аял Өзбекстандын Анжиян облусундагы кабыл алуучу-бөлүштүрүүчү жайда кыргызстандык 74 адам кармалып турганын билдирген. Ушул маалымат ырасталдыбы жана аларды бошотуп алуу боюнча кандай иш-аракеттер көрүлүүдө?

- Андай маалымат бизде жок. Эгер Анжиянда 74 адам кармала турган болсо, аларды мыйзам боюнча депортация жасайт. Эч кандай кармап алып, ал жерде бир нерсе кылып жибере турган мыйзам жок. Биз деле өзбек атуулдарын кармасак, аларды камап жата бербейиз да. Аны караш керек, багыш керек, медициналык жардам керек, өзбектер деле аны карап отурбайт, мыйзам боюнча депортация жасалат 24 сааттын ичинде. Андай маалымат жок. Эгер болсо бизге жетмек.

- Бизге жеткен маалыматтар боюнча, облустун Көк-Жаңгак шаарынан 10-15 чакты адам ал жердеги 200дөй күрт улутундагы кишилердин көчүп кетүүсүн талап кылууда. Алардын мындай талабына күрт кишисинин өткөн жумада 8 жашар кызды зордуктаганы себеп болгон. Бул окуя улуттар аралык жаңжалдын чыгышына таасир этүүсү мүмкүнбү?

- Бул маселе таасир этпейт. Бул өтө жаман окуя болду, кудайым өзү сактасын. Азыр көкжаңгактык туугандар менен жакшылап сүйлөшкөнбүз, алар билишет, эстүү, шаардык элдер, алардын маданияты жогору. Кылмышкер өтө оор жаза ала тургандыгын билебиз биз. Бул боюнча коомчулуктун суранычы катуу болуп атат. биз буларды тийиштүү органдарга бергенбиз. Улут аралык маселеге мунун тиешеси жок, күрт, кыргыз деп улутка баа берүүнүн кажети жок. Ал жерде 30 чакты күрт үй-бүлө бар, алар өзүлөрү айтып атышат буга окшогон акмакты жазалаш керек деп. Биз Көк-Жаңгак шаарынын мэрине тапшырма бердик, коомдук абалды көзөмөлгө алып туруу максатында.

- Маегиңизге рахмат.

P.S. Өзбек чек арачысынын огунан жараат алып, 8 күндөй Өзбекстанда жатып Кыргызстанга кайтарылган жоокер Нурбек Орункулов азыр Ош облустук ооруканасында дарыланууда. Бирок ага журналисттерди киргизбей жатышат.

Р. Жусупова: “Ашар” жаштарды Ала-Тоо аянтына баштап чыккан

Мындан 20 жыл мурда дал ушул күнү кыргызстандык жаштар өздөрүнүн социалдык укуктарын коргоп, алгач ирет коммунисттик режимге каршы демонстрацияга чыккан. Алардын башында кезинде “Ашар” кыймылы турган болчу. Бул кыймылдын негиздөөчүлөрдүн бири Ракыя Жусупова менен “Азаттыктын” түз обосунда ошол 90-жылдарга кайрылдык.

- Ракыя, айтсаңыз жаштардын көчөгө толкуп чыгышына себеп болгон жагдайлар кайсылар болду эле ошол кезде?

- Ошол кезде 1989-жылдары үйсүз жаштар Бишкектин тегерегинде бош жаткан жерлерди ээлеп алып, үйсүздүк маселесин чечебиз деп аябай күжүлдөп чыгып турган чагы эле. Ошол кезде бизге “Ашар” кыймылына 4-ооруканадан дарыгерлер келип калды, мына үйсүз калган адамдарга үй менен камсыз кылган атат, иш менен камсыз кылган атат деп дарыгерлер билдиришти.

Анан “Ашардын” кезексиз чогулушун өткөрүп, ошол чогулушта биздин бийлик кыргыз жаштарын үй менен, иш менен, каттоо менен камсыз кылсын деген талаптарды койдук. Ошол кездеги жаштардын көбүнүн паспортторунда каттоо жок эле, чындыгында ошол кыргыз жаштары кароосуз, камкордуксуз эле калган, ошондо биздин кыжырыбыз кайнап, “Ашар” кыймылынын лидерлери ушундай чечимге келдик, мына өзүбүздүн пикирибизди билдирип биз бийликке чыгабыз, себеби бул туура эмес деп. Эң биринчиден, кыргыз жаштарын үй менен камсыз кылсын, андан кийин башка жактан кабыл алсын деп ошол 1990-жылдын 25-январында чыкканбыз. Ошондон бери 20 жыл өттү. Ошондо эң биринчи “Ашар” коомдук бирикмеси жаштарды баштап Ала-Тоо аянтына чыкканбыз.

- Ошол кезде жаштардын арасында демонстарцияга чыккандар өңчөй жаштар беле, жаштар болсо алар кимдер эле, же жумушчу жаштарбы?

- Ошол кезде көбүнчө “Ашар” кыймылына жардам берип жүргөн Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинин, филология факультетинин студенттери эле. Мына ошондо мен жакшы билем, Бакыт деген жигит тарых факультетинен, Иман Досбаев деген филология факультетинен келишип, өздөрүнүн лидерлигин көрсөтүп, канчалаган студенттерди аянтка алып келген. Эң биринчилерден болуп ошол митингди Иман Досбаев деген бала ачып, анан кийинки сөздү Жыпар Жекшеев, ошол кезде Жумагазы Чоңаюу дегендерге берип, өзүбүздүн талабыбызды коюп, эң биринчи кыргыз жаштарынын талаптарын орундаткыла, мына үйсүз канча кыргыз жаштары жүрүшөт дегендей сөздөр айтылган. Себеби таланттуу, жөндөмдүү айыл жерлеринен келип, борбордо окуп билимин өркүндөтөбүз, андан ары улантабыз, өсөбүз деген жаштар үйсүздүк айынан айыл жерлерине кетип аябай жабыркап калышкан да.

- Ошол демонстарцияга болжол менен канча киши катышты эле, анан силердин үнүңөр канчалык деңгээлде бийликке жетти?

- Негизинен аябай көп эле киши катышкан, көбүнчө стунденттер, үйсүз жүргөн жаштар катышкан. Санын так айта албайм, бирок көп эле жаштар катышкан. Ошол кездеги бийлик башындагылар Абсамат Масалиев менен Медеткан Шеримкуловдун чыгышын талап кылганбыз. Бирок алар чыгышкан эмес. Анан 13 адамдан турган комиссия түзгөнбүз, анын башына Амангелди Муралиевди коюп койгонбуз, ал кезде шаардын башчысы эле. Биз чындыгында ошол түнү эле бүтүндөй аскер бөлүктөрүн кыдырып чыкканбыз. Бирок бизге жашырып коюштубу, бир эле үй-бүлөнү көрсөтүп коюшкан аскер бөлүктөн, экинчи күнү дагы эгер силер ачыгын айтып чыкпасаңар, биз экинчи күнү дагы митингге чыгабыз деп 26-январда дагы ошол эле аянтка митингге чыкканбыз.

- Маегиңизге рахмат.

Алгачкы анти-коммунисттик каршылыкка - 20 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00

Ынтымак курултайын чакыруунун кандай зарылдыгы бар?

Президент Курманбек Бакиев 21-январда Ынтымак Курултайын чакыруу боюнча өлкө калкына кайрылуу жасады.

Коомдук палатанын төрагасы Садыкбек Аблесов Ынтымак курултайы чакырылышына жана коомдук палатанын иш-аракеттерине байланыштуу суроолорго жооп берди.

- Садыкбек мырза, өткөн жумада президент Курманбек Бакиев Ынтымак курултайын түзүү боюнча жарлыгын чыгарды. Коомчулукта Ынтымак курултайы кошоматчылардын курултайы болуп калбайбы деген тынчсыздануулар да жок эмес. Алгач Ынтымак курултайы чакырылышына карата көз карашыңызды айтып кетсеңиз?

- Ынтымак курултайы боюнча президент айтып келе жатканына жарым жылча болуп калды, президенттик шайлоо болуп атканда эле айткан да бул тууралуу. Анан курултайларды чакыруу тажрыйбасы бизде чын-чынында болгон. Бирок бул жолу курултай менимче туура түзүлгөнү турат го, себеби ынтымакка келтириш үчүн. Жакшы деп айтканымдын себеби, президент айтты го кыргыз элинин тегерегинде калган этностор да өсүш керектигин. Кыргыз мамлекети болгондон кийин биринчи кезекте кыргыз эли өсүш керек деген сөзү жакты.

Экинчиси, азыр курултайдын мүчөлүгүнө 441 айыл аймагынан бирден адам келгени жатат. Эми ошол жердеги эл өздөрүнүн айылы үчүн, жери үчүн күйүп-бышкан, кыргыз эли үчүн деген адамдарды шайлап жиберсе бул курултайдын иши чынында алга жылат. Ошолор бир жыл күтүп отура бербей эле өздөрүнүн айылынын проблемаларын конструктивдүү түрдө жазып, иш органына алып келип берсе алар бул жерден баарын иликтеп карап, жеткирип турса Кыргызстандын иши жылып кетет деген ишеним бар.

- Былтыр коомдук палата да ушундай өңүттө түзүлдү эле. Буга чейин коомдук палата кандай иштерди аткарып, коомго кандай пайда алып келди?

- Коомдук палата чын-чынында иштегенибизге жарым жыл болду, ошонун ичинде 246 кайрылуулар, суроолор түштү, 5 чоң маселени карадык. Мына ошолордун баарын карап көзөмөлгө алып иштерди жасап атабыз. Коомдук палата чындап келгенде көп иштерди жасап атат, бизге жогору жакка үнү жетпегендер, жанагы мамлекеттик эмес уюмдар келип атышат. Биз аларга Жогорку Кеңеш мындай мыйзам кабыл алганы жатат, мына долбоорун берип атабыз, жазып бергиле деп айтып атабыз. Алар да өздөрүнүн ой-пикирлерин жазып берип атышат. Биз аны Жогорку Кеңешке жеткирип атабыз, адегенде Жогорку Кеңеш да бизди жактырбагандай мамиле кылышкан, эми алар да түшүнүшүп, биз мыйзамды берелик, экспертиза кылып бергиле деп атат. Ошентип мыйзам кабыл алынганга чейин элдин үнүн кошуп атабыз.

- Жогорку Кеңеш, анан калса сиздердин коомдук палата турганда Ынтымак курултайын түзүүнүн канчалык кажети бар эле?

- Ынтымак курултайынын себеби бүгүнкү күндө керек болуп турат го. Гезиттерди окусаң дэле, тигил жакты уксаң деле үч канат болуп бөлүнөбүз, анан тигил-бул уруу болуп атпайбы. Уруучулуктун менимче кереги жокко, кайрадан XVIII кылымга кайрылгандын кереги эмне. Ынтымак курултайын түзүп туруп, азыркы доордун таламына байланыштуу партияларды түзүп, ошол партиялар өздөрүнүн мүчөлөрүнө чакан кредиттерди берип, ушул жол менен кетсек туура болот эле. Баягы эле кайра уруучулукка кетип атабыз, мындай жетиштүү даражадагыларды шайлай албай эле кайта кийин өзүбүз нааразы болуп атабыз. Эң негизгиси элдин аң сезимин өстүрүш керек болуп атат.

- Рахмат маегиңизге
Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө кайрылуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:49 0:00

Ж.Мусабекова: Кызымды айтып коркутуп атышат

Жылдыз Мусабекова

“Форум” гезитинин башкы редакторунун орун басары Жылдыз Мусабековага ачык коркуткан телефон чалуулар, артынан андуулар болууда. Ал муну журналисттик ишмердиги менен байланыштырат. "Мен 20 жылдан бери оппозициялык көз карашта иштеп жүргөн журналистмин. Мындай нерсеге буга чейин дуушар болгон эмесмин" дейт журналист айым.

“Азаттык”: - Жылдыз, сиз иштеген “Форум” гезитинин жетекчилерине коркуткан телефон чалуулар, аңдуулар болуп атканы тууралуу маалымат чыгып атат. Ушулар туурасында айтып бериңизчи. Кандай болгон, кандай формадагы коркутуулар, алардын көздөгөнү эмне экен?

Жылдыз Мусабекова: - Мага 3-4 күндөн бери номери жашырылган телефондор менен чалып, унчукпай эле тыңшап атышкан. Төрт беш жолу тыңшагандан кийин, “сүйлөбөйсүңөрбү” десем “сенин 13 жашар кызың бар экен” деп, эң биринчи коркутуу ушундай болду. “Ооба менин кызым бар” десем, “анын бою узун экен, ал красавица экен” деп орусча сүйлөштү. “Сен өзүңдөн коркпосоң да кызыңдан корк” деп мага ачык эле коркутуу жүрүп атат. Бул коркутуу мурда эле болгон, бул экинчи жолу болуп атат. Чын эле менин бою мени менен тең, сулуу, жакшынакай кызым бар. Анан эки күндөн бери артымдан күмүш түстөгү, 87 24 деген номерлүү “лупарик”, жанагы тоголок көздүү Мерседес менин машинамдын артынан ээрчип жүрөт. Институт земледелияга чейин ээрчип келет дагы, ошол жерден калып калат. Ар түрдү телефон чалуулар болуп атат.

“Азаттык”: - Көздөгөндөрү эмне экенин айтышкан жокпу, кайсыл бир макала же материал үчүнбү, эмне себептен экенин?

Жылдыз Мусабекова: - Көздөгөнү эмне экенин айтпайт, болгону кызың бар экен деп коркутушат.

“Азаттык”: - Бул боюнча сиздер мамлекеттик тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылдыңыздарбы, “ушундай болуп атат” деп?

Жылдыз Мусабекова: - Тааныштарым аркылуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Фархат Үсөновго чалдым. Бирок ал киши азыр дарыланууда жүргөн экен. Ал Данияр деген орун басарына чалып, официалдуу түрдө арыз бергиле деди. Жогорку иш адамдарына эскерттим. Мен азыр билем, оппозициялык көз караштагы журналисттерге аңдуулар күч алууда.

“Азаттык”: - Ушул боюнча укук коргоочулар, Акыйкатчы менен байланышып көрдүңүзбү?

Жылдыз Мусабекова: - Акыйкатчы эми өзүнүн орун басарларынын ызы-чуусу менен жүрөт да азыр, укук коргоочулар деле долбоорлордун ызы-чуусу менен баштарын оорутуп жүрүшөт. Анан менин проблемама көп деле баштарын оорутушпайт го. Бирок кайрылабыз...

“Азаттык”: - Сиз өзүңүз кандай болжоп атасыз? Кайсы макалаңыз, иликтөөңүз үчүн ушундай болуп атат?

Жылдыз Мусабекова: - Журналисттик ишмердүүлүгүм үчүн. Башка эч нерсе жок. Мен эч кимдин куйругун баскан эмесмин. Эгер менин өмүрүмө коркунуч туула турган болсо, менин үй-бүлөм, менин жакындарым кимдин колу аркылуу жасалып жатканын билишет.

“Азаттык”: - Сиз ошол айтып аткан адамдардын аты-жөнүн айта аласызбы?

Жылдыз Мусабекова: - Ооба. Мага ачыктан ачык айтышты, “Биз Бакыт Сыдыковдун мурдагы жан сакчыларыбыз, сизге биз көзүбүз түз. Сиз Үсөн Сыдыков менен Бакыт Сыдыковдун көптөн бери безине сайган макала жазып жүрөсүз. Ошолор жинденип ушундай иштерге барганы турушат” деп. Бирок мен биле албайм, аларбы же алар эмеспи. Мүмкүн алардын душмандары жасап аткандыр.

Мен 20 жылдан бери оппозициялык көз карашта иштеп жүргөн журналистмин. Мындай нерсеге дуушар болгон эмесмин. Ачык эле айтып атышат, “Биз Бакыт Сыдыковдун командасына иштегенбиз. Биз ал кишиге нааразы болуп кетип калганбыз. Бирок сизге ушундай кол салуу даярдалып атат. 3-4 күн абайлап туруңуз. Эгер абайлабасаңыз катуу кырсыктарга кабылышыңыз мүмкүн” деген нерселер менен телефон чалып атат. Мен муну азыр Бакыт Сыдыков же Үсөн Сыдыков деп кабыл албайм. Бирок менин акыркы кездеги гезитке жазган макалаларым ошол кишилерге байланыштуу.

“Азаттык”: - Рахмат маегиңизге!

24-январь: Тарых барактары

Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов, 1963-жыл

Батыш Сибирь генерал-губернатору 1859-жылдын 24-январында Пишпек чебин алуу зарылчылыгын белгилеп падышага кайрылган. Рим императору Калигула 41-жылдын 24-январь күнү кутумчулар тарабынан өлтүрүлгөн.

Орусия империясы менен Кокон хандыгынын Кыргызстан аймагын ээлеп алыш максатынан чыккан таймашы 19-кылымдын экинчи жарымында кыйла курчуган. Орус аскер жетекчилиги 1859-жылы улуу жүз казактар менен кыргыздардын чегине Кастек чебин курууга жетишкен.

Кокон хандыгы болсо Пишпек менен Токмок чебин салууга үлгүргөн. Орусия империясы Сибирь менен Сыр-Дарыя тилкесин бириктирген стратегиялык алкак түзүү максатында кокондуктардын аталган чептерин басып алууну күндөлүк планга койгон.

Батыш Сибирь генерал-губернатору 1859-жылдын 24-январында Пишпек чебин алуу зарылчылыгын белгилеп падышага кайрылган. Империянын борборунда атайын чакырылган жыйын өткөрүлүп, генерал-губернатордун демилгеси жактырылган. Бирок ички саясий абалга байланыштуу Пишпек чебин ээлөө туурасындагы план кийинки жылга калтырылган.

Кокон хандыгынын 19-кылымдын экинчи жарымында Орусия империясына таянып, калкты ченемсиз эзүүсү Исахасан уулу Пулат баштаган көтөрүлүштүн чыгышына себеп болгон. Кокон ханы Насреддиндин өтүнүчү менен падышалык бийлик ханга жардам көрсөтүш үчүн башында генерал Кауфман турган 1400 жазалоочу аскер берген.

Анжыянды ээлеп алууну көздөгөн козголоңчулар 1876-жылдын 8-январь күнкү салгылашта оор жеңилүүгө учураган. Козголоң жетекчилери андан кийин да белгилүү бир убакытка чейин көтөрүлүштү жетектеп турушкан. Анткен менен каршылаш тараптын ийкемдүү сасатына жана алардын аскердик даярдыгынын артыкчылыгына көзү жеткен козголоңчулар орус аскерлерине багына башташкан.

Кыпчак урусунун жетекчиси Абдурахман Афтобачи орус аскер өкүлчүлүгү менен сүйлөшүү жүргүзүп, 1876-жылдын 24-январында Гинду кышлакта 26 жигити менен генерал Скобелевге колго түшүп берген.

Кыргыз айыл чарба институтунда окуган Чыңгыз Айтматов аттуу студент 1952-жылдын 24-январында кыргыз тилиндеги айрым сөздөрдү туура жазуу проблемасын көтөргөн. Анын «О терминологии кыргызского языка» аттуу макаласы «Советская Киргизия» гезитинде жарык көрүп, автор кыргыз тилине жумшак жана ичкертүү белгилерин киргизүү зарылчылыгын белгилеген.

«Кыргызстан-Сорос» фонду менен Борбордук Азиядагы Америка университети биргелешип өткөргөн эл аралык семинар 2003-жылдын бул күнү Чолпон-Ата шаарында ишин баштаган. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн чакырылган илим адамдары, «Постсоветтик аймактагы президенттик-парламенттик түзүлүшүнүн конституциялык мамилелеси» боюнча пикир алмашып, талкуу өткөрүшкөн.

Кыргыз адабияты 2003-жылы оор жоготууга учураган. Узакка созулган оорунун айынан белгилүү адабият таанычу, жазуучу, акын Камбаралы Бобуловдун жүрөгү 24-январда согуудан калды. Камбаралы Бобулов убагында «Правда» гезитинин Кыргызстандагы кабарчысы, «Кыргызстан пионери» гезитинин башкы редактору, автордук укук комитетинин башчысы, «Эне тил» коомунун президенти болуп иштеп келген.

Бишкек шаарынын Биринчи Май соту 2006-жылдын 24-январында криминалдык авторитет Рыспек Акматбаевдин болгон күнөөсүн толук актаган чечим чыгарган.

Буга чейин президенттин жардыгы менен Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация жетекчилигинен алынган Жусупжан Жээнбековду 2006-жылдын 24-январында тарапкерлери үчүнчү ирээт губернатордук кызматка кайра алып келишти. Ж. Жээнбековго тарапташтары башына калпак кийгизишип, чапан жабышып салтанат менен ордуна отургузушкан.

Карасуу районундагы Шарк айлынынын 500 чамалуу тургуну 2006-жылдын 24-январында митинг өткөрүшүп, мамлекет башчысынын жардыгы менен кызматынан алынган Ош облусунун губернатору Анвар Артыковду кайра кызматына коюлушун талап кылышкан.

Рим шаарында салттуу өткөрүлчү Палатин оюндарынын маалында 41-жылдын 24-январь күнү Калигула аталган император Гай Юлий Цезарь Германик кутумчулардын колунан өлтүрүлгөн. Кутумчуларды преториандык аскер трибуну Кассий Херей жетектеп, Рим тарыхындагы төрт жылдык анархияга чекит коюлган. Калигуланын жосунсуз жоруктары Рим империясынын тарыхына кара көч болуп жабылган. Анын Инцинат аттуу күлүгүн консул кылууга жасаган аракети сыяктуу акылга сыйгыз иштери, акыры анын киши колдуу өлүмүнө себепкер болгон.

Матяш Хуняди 1458-жылдын 24-январында Венгриянын королу болуп аталган. Такка отургандан кийин ысмы Матвей I Корвин деп аталган. Король Хуняди кланынан чыккандыктан ал лакап ысым катары чогуу колдонулган.

Пётр I 1709-жылдын 24-январында Санкт-Петербургдагы Адмиралтейлик модель-камерага караштуу биринчи деңиз музейин куру туурасында жардык жарыялаган.

Ханыша Екатерина II жардыгына жараша княгиня Екатерина Романовна Дашкова 1783-жылдын 24-январында Императордук Илимдер жана сүрөт академиясынын жетекчилигине дайындалган. Орусия академиясы Француз академиясынын үлгүсүндө уюшулуп, княгиня Екатерина Дашковага орус тилинин орфографиясын, грамматикасы жана туура жазылыш эрежелери менен орус тарыхын терең өздөштүрүш максатында сөздүк даярдоо милдети жүктөлгөн. Ошентип Екатерина Дашкова Орусиянын Илимдер академиясын жетектеген биринчи аял катары тарыхка кирген.

Павел I 1797-жылдын 24-январында «немис көйнөгүнө» тыюу салган жардык жарыялаган.

«Саттер» карагай тилген жайда 1848-жылдын 24-январь күнү алтын табылып, адам баласынын акылын адаштырган «алтын безгеги» башталган. Саттердин карагай тилген жайы XIX кылымдан тарта калифорниялык ишкер Жон Саттерге тиешелүү болгон. Ал Американ-Ривер суусунун боюндагы Колома аттуу чакан шаарда жайгашкан. Саттердин жумушчуларынын бири 1848-жылдын 24-январь күнү бир канча тоголок алтын таап алган. Бул окуя уйкуда жаткан Калифорнияны будуң-чаңын чыгарган «алтын безгегине» түрткөн.

Буга чейин Осман империясына караштуу Молдавия жана Валахия автономдук княздыктарынын парламенти 1859-жылдын 24-январь күнү Румыния аттуу бир мамлекетке бириккендиги туурасында чечим кабыл алган. Жаңы саясий биримдиктин башына румындык бояр Александру Иоан Куза келген.

Генерал Михаил Дмитриевич Скобелев жетектеген бириккен корпус 1881-жылдын 24-январында түркмөндөрдүн теке уруусуна караштуу Геок-Тепе чебин басып алган. Ошентип бул дата Түркмөнстандын падышалык Орусиянын аскерлери багынткан күн катары эсептелинет

Швед деңиз саякатчысы Карстен Эгеберг Борхгревинк 1895-жылдын 24-январында «Антарктик» кемеси менен Антарктиданын жээгине чыккан.

Элдик Комиссарлар кеңеши1918-жылдын 24-январында Орусияда европалык календарь киргизилиши туурасында Декрет кабыл алган. Календарлык өзгөртүү натыйжасында Совет мамлекетинде 1918-жыл эң кыска жыл катары тарыхта калган.

Совет мамлекетиндеги Жумушчу-Дыйкандардын Кызыл Аба флотунун Башкы башкармачылыгы 1918-жылдын 24-январь күнү уюшулган.

Италияда 1924-жылдын 24-январь күнү фашисттик уюмдан башка профессионалдык бирикмелердин курулушуна тыюу салынган.

Авиациялык жана химиялык курулушка жана СССРди коргоого көмөктөшүү Коому (ОСОАВИАХИМ) 1927-жылдын 24-январында уюшулган.

Москвадагы «Ромэн» цыган театры 1931-жылдын 24-январында негизделген. Адегенде ал «Индо-Ромэн» цыгандык театр студиясы деп аталган. Бир ай өтпөй студия эки бөлүктөн турган чыгармасын көрөрмандарга тартуулаган.

СССР Борбордук Аткаруу комитети 1938-жылдын 24-январында медалдар туурасында токтом кабыл алган.

Франциянын мурдагы «деңиздин нары жагындагы департаменти» эсептелген Алжирде 1960-жылдын 24-январь күнү Франция президенти Шарл де Голлго каршы козголоң башталган. Президент Шарл де Голл 1959-жылдын сентябрь айында Алжирге өзүн-өзү аныктоо укугун бериле тургандыгын билдирген. Бирок кийинки саясий өнүгүү президенттин айтканынан айырмалангандыктан алжирликтер өз укугун активдүү коргоого өтүшкөн. Бирок даярдыксыз чыккан нааразылык бир жумадан кийин полиция тарабынан басылган.

Аскерде 1 ай: Мен жоокермин!

Быйылкы окуу жылы жогорку окуу жайындагы аскер кафедралары студенттерди кабыл алган жок. Апта башында чыккан өкмөттүн токтомуна ылайык, эми бул багыттагы кафедралар жана факультеттер жойулуп, ишин токтотот.

Буга чейин Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда үч аскерий факультет жана сегиз кафедра студенттерге аскердик тактикалар боюнча билим берип, ар түрдүү адистикке окутуп келишкен. Окуусун аяктаган студенттер өзү жашаган райондук аскер комиссариатынан аскер билетин алып, запастагы офицер катары каттодо турушчу.

Эми ушул жылдан тарта окуу жайларындагы аскер кафедралары студенттерди кабыл алышпайт. Мындай жобого өкмөт башчы Данияр Үсөнов кол койду. Мындай жаңылыкка студенттердин көпчүлүгү нааразы болууда.
Сентябрь айында менин таанышым бир айлык кызматты өтөп келди. Анын айтымында, ал эч кандай деле аскердик билимге ээ болбоптур.


Улукбек: Аскер кафедрасынын жабылышына мен каршымын. Бул кадамды туура эмес деп баалайм. Эми биз беш жыл окуп, "аскер билетин алабыз" деп дагы 12 миң сом төлөшүбүз керек экен. Бул акылга сыйбаган нерсе.

Медер: Бул жерден базардан бир нерсе сатып алгандай эле болуп калат экенсиң. Ал эми сен аскер билимиң барбы, же жокпу деген нерсе экинчи планга калып жатат. Сапатын ойлогон эч ким жок. Мен, мисалы, аскер кафедрасында бекер билим алып жатам. Менден кийинки курста окуган студенттер эми убактысын кетирип, көп чыгашага учурашат.

Офицерлер 20 эсеге көп

Буга чейин жогорку окуу жайларында билим алган студенттер эки жыл бою аптасына бир жолу аскер кафедрасында билим алып келген болсо, эми алар окуусун аяктап, диплом алгандан кийин минималдык айлыктын 120 өлчөмүн казынага төгүп, бир ай аскерде кызмат өтөөгө милдеттендирилди.

Жалпысынан жыл сайын төрт миңге жакын студент аскер кафедрасынан билим алчу. Учурда Кыргызстанда запастагы офицерлердин саны 20 эсеге көп болуп, аскерий комиссариаттарда каттоодо тургандардын саны 50 миңди түзүүдө.

Коргоо министрлигинин аскерий билим бөлүмүнүн улук офицери, подполковник Нурланбек Жунусов кафедралардын жоюлушунун себебине токтолду.

- Бул мыйзамга эмне себеп болду? Мисалы, Кыргызстанга жылына 15 жигит керек болсо, азыркы маалда каттоодо тургандардын саны алда канча көп болууда. Алардын көпчүлүгүнүн жашы да өтүп, аскерге чакырылбай калууда.

Киреше табуунун жаңы жолубу?

Өкмөт кабыл алган бул мыйзамга Техникалык университеттин студенти Аскар Калыгулов кошулбайт. Анын баамында, бул тармак акча табуунун жолуна айланды.

- Бул жерден өкмөт бизнес кылгандай болуп жатат. Сентябрь айында менин таанышым бир айлык кызматты өтөп келди. Анын айтымында, ал эч кандай деле аскердик билимге ээ болбоптур. Жөн гана жатып-туруп, бир күнгө гана полигонго чыгышыптыр. Ал эми кафедрадан болсо адамга тандоо берилет. Менимче, өкмөт бул жерден да киреше табууну көздөөдө.

Буга чейин бул мыйзам коомдун талкуусуна коюлган болсо эми бул токтом күчүнө кирди. Ошол себептен 2009-2010-окуу жылында аскер кафедрасына студенттер кабыл алынган жок. Учурда бул кафедранын экинчи курсунда билим алып жаткан студенттер акыркы бүтүрүүчү аталып, аскерий наамга ээ болушат. Ошону менен үстүбүздөгү жылы бул кафедралар да жоюлмакчы.
Кыргызстанга жылына 15 жигит керек болсо, азыркы маалда каттоодо тургандардын саны алда канча көп болууда.


Ошол эле маалда аскер билетин алууну каалагандар өкмөткө 12 миң сом, эгер офицердик наамге жетүүнү самагандар болсо дагы кошумча 12 миң сом казынага төгүшү зарыл. Бирок мынча өлчөмдөгү каражатың жок болсо, анда аскер кызматында бир жыл кызмат өтөп, мамлекет алдындагы милдеттен кутулууга туура келет.

Эгер аскердик билетке ээ болгон жаран офицердик наамга жетүүнү кааласа, анда ал кошумча түрдө дагы 12 миң сом казынага төлөп, запастагы офицер курсу боюнча билим алуу менен кенже лейтенант наамынын ээси болот.

Исмаил Исаковдун камалышына тынчсыздангандар арбын

"Азаттыктын" апта сайын чыгуучу “Эл үнү” программасына кайрылгандар генерал Исамил Исаковдун камалышына жана Петровка окуясы боюнча соттолуп жаткандардын тагдырына тынсызданышып, өлкөдөгү абалга пикирлерин билдиришти.


“Эл үнү” программасына белгилүү ырчы Сагынбек Момбеков жаңы чыграган “Лөлү заман” деген ырын окуп берди

- Лөлү заман келди го, лөлү заман,
Билгендерге бийликтин түрү жаман.
Четтиктерге чек ара кайтартышып,
Чегирткедей каптады кытай анан.

Кыргызыма бийлигиң сууп калды,
Кытайлардан кыздарыбыз тууп калды.
Мыйзам менен мыжыгып бүткүл элди,
Баш көтөргөн кыргызды кууп калды.

Тил билбестер кыргызга баатыр болуп,
Залкарларың жүрүшөт жакыр болуп.
Дүйнөлүк жөөттөр байып жатат,
Алтыныңды биржада жайып коюп.

Лөлү заман келди го, лөлү заман,
Чыксак экен кыргызым кыштан аман.
Электри эки эсе кымбаттады,
Асмандаган баалардын түрү жаман,

Сагынбек Момбековдун ушундай ырынан кийин Бишкек шаарынын тургуну Роза эже абанын бузулуп жатканына тынчсызданды. Анын тынчсыздануусунун себебин издеп Бишкек ТЭЦинин нөөмөт бөлүмү менен байланышканыбызда, алар ТЭЦтен чыккан түтүндөн мурда баш калаада автоунаалар көбөйүп, андан чыккан түтүндөр абаны булгап жатышканын айтышты.

Ал эми Чүй облусунан “Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар Петровка окуясы боюнча соттолуп жаткандардын тагдырына
тынчсызданышып, соттон адилеттикти талап кылышарын, эгерде бийлик элди эзе берсе аягы чыр-чатакка айланып кетерин билдиришти.

Баткенден телефон чалган Кудайберди: “Мен кыргыздарга кайрылгым келет. Ушу мамлекеттин мүлкүн, элдин мүлкүн жеп-ичкендерди президент Бакиев баш болуп тазалайын деп камап, соттоп атса,аларды эл колдоп атпайбы. Ушул туура эмес. Мамлекеттин мүлкүн жедиби? Бүджеттин каражатын жедиби? Жооп бериши керек. Айыл өкмөтүнөн баштап, президентке чейин. Беш-алты министр мурда иш козголуп, анан бошободубу? Мына ошолор дагы соттолушу керек. Ак болсо акталып чыксын. Ак болбосо камалсын. Мына ошолорду туугандары, тага-жээн, кудалары колдоп нааразылык уюштуруп жаткандарына мен таптакыр каршымын. Кыргызстандын өнүгүшүнө тоскоолдук кылбаш керек.

Бишкек шаарынын тургуну, Коррупцияга каршы кыймылдын жетекчиси Назарбек Нышанов “Азаттыктын” студиясына келип, “азыркы бийлик эл менен эсептешпей калды, авторитардык бийликтен, тоталитардык-диктатуралык бийликке айланып калды",- дейт.

Өзгөндөн Төлөгөн Жолдошев аттуу угарманыбыз бийликтин азыркы жүргүзүп жаткан саясатына нааразы болгон элдин саны көбөйүп баратканын билдирди.


Эгерде сизди түйшөлткөн суроолор болсо, кубанычтуу кабарлар же жеке көз каршыңызды “Эл үнү” программасына билдирип үн кошом десеңиз 0312 коду менен 31-61-53 жана 31-61-71 номурлуу телефондорго чалыңыз. "Эл үнү" программасын же берүүнү алып баруучу Аманбек Дилденбайды сураңыз

Майкл Розенталь: Кыргыз эли, жери мага аябай жакты

АКШнын Кыргызстандагы элчисинин билим берүү, маданият жана спорт маселелери боюнча кеңешчиси Майкл Розенталь өлкөдө 2 жыл иштеп, дипломатиялык ишмердик мөөнөтү аяктаган соң мекенине кайтты.

- Урматтуу Майкл мырза, өз өлкөңүздүн Кыргызстандагы элчилигинде 2 жыл эмгектендиңиз. Мекениңиз АКШга кандай таасирлер менен кайтып баратасыз?

- Мен абдан жакшы таасирлер, мыкты пикирлер менен кайтып баратам. Кыргызстандагы иштеген учурум өзүмө абдан жакты. Кыргыз жергеси абдан жаратылышы кооз, керемет өлкө экен. Эли да өтө меймандос калк экен. Мен өткөн эки жылда бул өлкөдөн абдан көп дос, тааныш күттүм. Өтө кызыктуу күндөрдү баштан кечирдим. Бул дипломатиялык 2 жылымды эч качан эстен чыгарбайм. Кыргызстандын бардык областтарында болдум. Өзгөчө жаратылышынын сулуулугу мага жагып, таасирлентти. Арстанбап, Соң-Көл, Талас, Ысык-Көл сыяктуу керемет жерлерди башка жактан, башка өлкөдөн кезиктире албайм го деп ойлойм.

- Жайында Ысык-Көлгө түшүп, эс алсаңыз керек, Көл кандай экен?

- Ысык-Көлдүк кереметин, кыргыз бермети экенин сөз менен түшүндүрүп айтууга мүмкүн эмес. Ошондуктан мындай керемет көлдү өз көзүң менен көрүп, касиетин сезүү гана керек. Жайында көп жолу Ысык-Көлгө түштүк. Аркы өйүз, берки өйүзүнө чейин барып эс алып, көлгө түшкөн учурлар эстен кетпейт… Америкада мындай керемет, көлөмү жагынан чоң көл жок. Анан дагы тоолордун арасында узундугу 200 чакырымдан ашык мындай керемет көлдү эч жерден кездештире албадым. Бул кыргыздарга Кудайдын берген чоң ырыскысы. Мен Ысык-Көлгө жайында гана эмес, күзүндө, ал түгүл кышында да түштүм. Ал түгүл, бул керемет Ысык-Көлдү көрсөтүү үчүн АКШдан ата-энемди, бир туугандарымды, досторумду чакырып, кыргыз жергеси, эли менен тааныштырдым. Алар дагы чексиз кубанычка, ырахатка бөлөнүп ыраазы болуп кетишти.

- Кыргызстандагы элчиликке чейин кайсыл өлкөлөрдө болдуңуз эле?

- Мен баш-аягы элүүдөй өлкөдө болдум. Дипломатиялык ишмердикти сиздердин өлкөдө биринчи баштадым. Ага чейин Орусиянын Санкт-Петербург шаарында окудум. Европа, Африка, Азия өлкөлөрүндө саякат кылып, эл көрүп, жер тааныдым. Ошол мен көргөн элүүдөй өлкөдөн Кыргызстан мага өзгөчө жакты. Кооз жаратылышы жана элинин кулк-мүнөзү, меймандостугу, жөнөкөйлүгү менен көңүлүмдө унутулгус таасирлерди калтырды. Экологиясы, таза абасы, таза суусу, тамак-ашынын даамдуулугу көңүлдө турат. Ал түгүл жашылча, жер-жемиштери да, эт азыктары да даамдуу экен.

- Кыргыздын улуттук тамак-ашынан да ооз тийип көрсөңүз керек. Кайсыл тамак-ашы сизге жакты?

- Биринчи кезекте беш бармак мага жакты. Таласта гүлчөтай тамагын берди, ал да жакшы экен. Лагман, шорпо, манты, плов баары даамдуу жасалат экен. Кыргызстанда жүргөн 2 жылда көпчүлүк учурда улуттук тамак-аш жеп жүрүп, көнүп калдым эле. Эми АКШга барганда сиздердин тамак-ашты сагынам го… Анан да кымызыңардын дарылык касиети да мыкты. Кымыз – мен мурда ичкен суусундуктардын эң мыктысы десем жаңылбайм.

- Кыргызстанда иштеген 2 жыл учурунда көп дос, тааныш күтсөңүз керек?

- Албетте, Кыргыз жергесинен көп дос, тааныш таптым. Өзүм менен иштеген кесиптештерим да көп нерсени көрсөтүп, кеп-кеңеш берип турду. Мамлекеттик мекемелерден, башка эл аралык уюмдардан, карапайым калк арасынан да пикирлерим келишкен тааныштарды таба алдым. Мен элчиликте маданият, билим берүү, спорт тармагын тейлегендиктен студенттерден, спортчулардан, окутуучулардан, профессорлордон, ал түгүл ректорлордон да, жөнөкөй окуучулардан баштап Кыргызстан бардык катмардагы инсандар менен пикирлеш болуп, достук байланыш түзө алдым. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер, мекеме жетекчилери да бар.

- Майкл мырза, эки жылдын ичинде кандай долбоорлорду ишке ашырууга салым коштуңуз?

- Кыргызстанда иштеген эки жыл аралыгында көп эле долбоорлор боюнча иш алып бардым. Алардын ичинен көңүлгө толгону - Кыргызстанда англис тилин терең үйрөтүү боюнча пилоттук мектептер долбоору болду. Бишкек шаары өнүгүп-өсүп бараткан, жаңылыктарга, жаңы башталыштарга дилгир борбор экен. Бирок мен алыскы аймактарга жардам берип, алардын демилгелерин колдоого алдым. Ала-Тоонун жети облусунда АКШ элчилигинин демилгеси менен англис тилин үйрөнүү жана дене тарбия, спортту өнүктүрүү үчүн пилоттук мектептерди тандап, аларга жалпысынан 150 миң АКШ долларына барабар жардам бердик. Компьютердик техникаларды, спорттук жабдууларды алып берип, интернет байланыштары аркылуу Американын мектептери менен достук байланыш – көпүрө түзүүгө жетиштик. Айыл жергесинде да англис терең үйрөнүүгө дилгир окуучулар арбын экендиги кубандырды. Билимге, илимге умтулган айылдык жаштардын аракети колдоого татыктуу.

- Маегиңизге рахмат.

2010-жыл - кыргыз спорту үчүн чоң сыноо

Быйыл Ванкуверде өтчү Кышкы олимпиадага Кыргызстандан эки спортчу жолдомо алды.

Дене тарбия,спорт мамлекеттик агентигинде өткөн жылдын жыйынтыгы чыгарылды. Вице-премьер-министр Тажикан Калимбетова бул тармак чет элдик уюмдар менен начар иштеп жатканын айтып, сынга алды

Албетте, өткөн жылы кыргызстандык спортчулар эл аралык мелдештерге далай ирет катышты. Алар алына, даярдыгына жараша ийгиликтерге жетишип, бармак тиштеген учурлары да болду.

Өлкөнүн дене тарбия жана спорт агентигинин жетекчиси Айдарбек Керимкуловдун айтымында, 2009-жылы «Спорттук имараттар жана спорттук камсыздоо башкармасы» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борбору жоюлду.

- Орусиянын спорттук тажрыйбасы эске алынып, өлкөдө «Спорттук имараттар жана спорттук камсыздоо башкармасы» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, иштей баштады. Ошондой эле өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борбору жоюлуп, анын ордуна спорттун бир нече түрүн өнүктүрүү борборлору уюштулду.

Жыйынга катышкан вице-премьер-министр Тажикан Калимбетова спорт тармагындагы көйгөйлөрдү угуп, алар чет элдик уюмдар менен начар иштеп, грант, инвестиция тартылбай жатканын сынга алды.

Спорт адистери да өткөн 2009-жыл спортунда чеке жылытаарлык жеңиштер болбогонун сынга алып, мурдакы жылдарга салыштырмалуу начар баа берип жүрүшөт.

Себеби, былтыр спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дүйнө, Азия чемпионаттарында алтын медаль уткан бир дагы спортчу болбоду. Былтыр грек-рим күрөшүнөн дүйнө чемпионатында Калыбек Жолчубековдун коло байгеси эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.

Былтыр кулагы начар уккан спортчулар арасында өткөн дүйнөлүк олимпиадада бишкектик спорт ардагери Арам Акопян да үчүнчү орунду ээлеген. Ушул грек-рим күрөшүнөн 2009-жылдагы Азия чемпионаттарында Мурат Романов,Темирлан Салават уулу, Максат Шамбетов, Нурбек Мелис уулу жана Арсен Айылчиев күмүш жана коло медалдарды жеңип келишкен.

Өткөн жылды дзю-до жана эркин күрөшү боюнча Азия чемпионаттарында коло медаль уткан Азат Кубакаев менен Нурлан Орозбек уулун да келечегинен үмүткөр кылып жүрөт.

Былтыр бел кур күрөшүнөн Жанболот Осмонов, Улан Темирбеков жана Нурбек Кожобеков дүйнө чемпионатында баш байге утуп, Кыргызстанга үч алтын медаль жеңип беришти. Ушул бел кур күрөшүнүн балбандары 2009-жылы Кыргызстанга дүйнө, Азия таймаштарында баш аягы 30 медаль утуп келишти.

Спорт адиси Касымкул Оболбековдун пикиринде, эгемендүү болгондон бери өлкөдө жаңы стадион, спорт жайлар курулбай, учур талабындагы спорт жабдуулар жокко эсе.

Ал аз келгенсип, бир жыл спорт тармагын жетектеген Александр Войнов мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланганы үчүн кызматтан алынды. Анын орунда парламенттин мурдагы депутаты Айдарбек Керимкулов дене тарбия, спорт агенттигине жетекчи болгонуна саналуу эле айлар өттү. Спорт тармагын жакшы билген Алмаз Касеновдун ордуна спорт чөйрөсүнө таанылбаган Кубанычбек Камбаралиев декабрда төраганын орун басары болуп дайындалды.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун пикиринде, 2009- жылы кыргыз спорт күйөрмандарынын үмүтү акталган жок. Ошондой эле ал кеңеш доорундагыдай спорттук жатак мектепти кайра калыбына келтирүү демилгесин көтөрдү.

- Биринчи кезекте өз жерибизде спортчуларга шарт түзүп бериш керек. Ал эми күрөштөгү алган медалдар кыргыздын менталитетине байланыштуу деп ойлойм. Эгерде балбандарыбызга жакшылап көңүл бурулса, шарт түзүлсө мүмкүн алтын медалга деле ээ болот. Ошондой эле мурдакы кеңеш доорундагы спорт жатак мектебинин бүтүрүүчүсү катары айтсам, ушундай жатак окуу жайларын кайра калыбына келтирүү гана жеңиштердин башаты болмокчу. Мындай мектептер коңшу Кытай мамлекетинде миңдеп саналат.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында, быйылкы 2010-жыл Ванкувердеги кышкы олимпиада, Гуанжоудогу 16-Азия оюндары баштаган мелдештерге өтө бай болмокчу.

- Быйыл февралда Канаданын Ванкувер шаарында кышкы олимпиада, март айында Иранда ислам оюндары болот. Жайында Сингапурда жаштар арасында дүйнөлүк олимпиада өткөрүлөт. Ошондой эле күзүндө жылдын башкы мелдеши - Кытайдын Гуанжо шаарында 16-Азия оюндары өткөрүлөт. Мындан сырткары спорттун бардык түрлөрү боюнча да дүйнө, Азия чемпионаттары болмокчу.

Быйыл дүйнө коомчулугунун көңүлүн бура турган Канаданын Ванкувер шаарында өтө турган Кышкы олимпиада болмокчу. 21-Кышкы олимпиада Ванкуверде 12-февралда башталып, 28-февралда жыйынтыкталат.

Кыргызстандык спортчулардан учурда экөө Ванкувер Кышкы олимпиадасына жолдомо алып, даярдык көрүшүүдө.

Быйыл жайында Сингапурда дүйнөлүк жаштардын биринчи олимпиадасы болмокчу. Учурда кыргызстандык жаш спортчулардын бирөө да бул олимпиадага жолдомо алыша элек. Ошондуктан жайга чейин жаштар үчүн бир топ сыноолор алдыда турат.

Кыргызстандык спортчулар үчүн быйылкы эң негизги мелдеш - күзүндө Кытайдын Гуанжоу шаарында 16-Азия оюндары болмокчу. 2008-жылы Бээжинде өткөн олимпиадалык оюндарда Кыргызстанга күмүш жана коло байгелерди утуп берген балбандар Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев баштаган балбандардан үмүт чоң.

Грек-рим күрөшүнөн өлкөнүн башкы устаты Эмил Алыкулов Гуанжоуда боло турган Азия оюндарына азыртан даярдык көрүүнүн зарылдыгын «Азаттыкка» билдирди.

- Себеби 2006-жылы Дохадагы 15-Азия оюндарында кыргызстандык төрт балбан грек-рим күрөшүнөн коло байгелүү болушкан. Калыстардын айынан Данияр Көбөнов Пусанда жана Дохадагы Азия оюндарында алтын байгеден куру калып, арманда жүрөт. Дохадагы 15-Азия оюндарында грек- рим күрөшүнөн байгелүү үчүнчү орунду ээлеген балбандар Жанарбек Кенжеев, Руслан Түмөнбаев жана Нурбек Ибраимовдун жолун жолдоп, мөрөй алууга дилгир жаштар арбын. Ошондой эле Бээжин олимпиадасында күмүш жана коло медаль уткан Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев дагы Кытайдагы 16-Азия оюндарында чемпион болуусу үчүн европалык балбандар менен бирге машыгууларды уюштуруп берүү керек. Аларга машыгууга гана шарт түзүп берүү зарыл.

Жыл жыйынтыгына арналган жыйында 2010-жылы боло турган негизги мелдештер такталып, быйыл Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосун учур талабына ылайык оңдоп-түзөө айтылды. Эл аралык Ысык-Көл оюндарына жана Гунажоудо боло турган 16-Азия оюндарына азыртан даярдык көрүү керектиги белгиленди.

"Клон комитет", жалган төрага жаңжалы

Рамазан Дырылдаев

Жаңы жылдан тарта Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин айланасында көп жылдардан бери чечилбей келаткан талаш-тартыш кайрадан жанданды.

Бишкекте Жакышов Мамасадык "Азаттыкка" кайрылып аталган комитеттин мыйзамдуу төрагасы өзү экенин билдирип, Рамазан Дырылдаевди жалган төрага деп айыптады. Р. Дырылдаев өз кезегинде Жакышев баштаган комитеттин атайын кызматтар түзгөн, укук коргоочу уюмдун атына жамынган, бийликтин кол бала уюму экенин билдирди.

Адам укугун коргоо комитетинин айланасында талаш-тартыш Исмаил Исаковду сегиз жылга түрмөгө кескен сот чечими чыккандан кийин кайрадан козголду. Брюсселден укук коргоочу Рамазан Дырылдаев адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин атынан билдирүү таратып, Исмаил Исаковго чыккан сот чечимин саясий куугунтук катары айыптаган.

Ошондон кийин Бишкектен Мамасадык Жакышев “Азаттыкка” баш багып, аталган комитеттин мыйзамдуу төрагасы өзү экенин билдирип, аны тастыктаган Юстиция Министрлигинин каттоо кагазынын көчүрмөсүн алып келип көрсөттү. Р. Дырылдаевди адам укугун коргоо комитетинин төрагасы катары сүйлөөгө акысы жок деп айыптады.

- Мыйзам боюнча Кыргызстанда Юстиция министрлигинде катталган адам укугун коргоо комитетинин төрагасы мен Жакишев Мамасадыкмын. Ал укук коргоочу катары өзүнүн атынан сүйлөй берсин, бирок комитеттин төрагасы катары сүйлөгөнгө анын укугу жок.

Жакишевдин айтымында, 2003-жылы комитеттин мүчөлөрү Р. Дырылдаевдин каржылык ээнбаштык аракеттерин билип калып, конференция өткөрүп, аны төрагалык кызматтан кетирип, Тыналиевди шайлашкан. 2005-жылы Тыналиев кетип, төраганын биринчи орун басары болуп иштеп келген Б. Жакышев комитетке төрага болуп шайланган экен.

Ошол эле учурда белгилүү укук коргоочу Р. Дырылдаев адам укугун коргоо комитетинин легитимдүү төрагасы өзү экенин билдирип келатат. Ошентип иш жүзүндө бир эле учурда адам укугун коргоо боюнча комитет деген ат менен эки уюм, аларды жетектеп эки төрага иштеп жатат. Укуктук каттоо документтерине караганда, аталган комитеттин жетекчиси М. Жакишев болуп саналат.

Р. Дырылдаев өз кезегинде М. Жакишев жетектеген комитетти Акаевдин режиминин буйругу менен атайын кызматтар түзгөн, укук коргоочу уюмдун атын жамынган "клон комитет" деп билдирүү жасап келатат. Р. Дырылдаев "Азаттыкка" сүйлөгөн соңку сөзүндө М. Жакышевди "президенттин иниси Жаныш Бакиевдин жанында жүрөт, Жаныш Бакиев аны баргын төгүндөө жаса деп айдактап атат" деп сындады.

Р. Дырылдаевдин жүйөөсү боюнча Кыргызстанда мыйзам иштебейт, ошондуктан укуктук документтерге таянып аталган комитеттин жетекчиси ким экенин териштирип аныгына жетүү мүмкүн эмес. 2003-жылы Акаевдин бийлиги учурунда атайын кызматтар аны куугунтукка алып, комитеттин каттоосун бузуп, башка адамдарга мыйзамсыз каттап салган. 2005-жылы Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин адам укугун коргоо комитетинин каттоосун калыбына келтирүү жана анын куугунтукталган мүчөлөрүн актоо максатында президентке, юстиция органдарына, сотко чейин кайрылып, эч муратка жетпегенин айтат. Бул жерде Р. Дырылдаев өзү жетектеген уюмдун каттоого алынбай жатканынын чыныгы себебин - комитет президент саясатындагы демократияга каршы аракеттерди сындаган билдирүүлөр менен чыгып жаткандыгы үчүн бийликтин өчөшүп жатканы деп эсептейт.

Адам укугун коргоо комитетинин төрагалыгын талашып аткан адамдардын Кыргызстандагы азыркы бийликке, соңку саясий окуяларга карата көз караштарында, ээлеген позицияларында айырмачылык чоң экенин да айта кетүү абзел. Мисалы Р. Дырылдаев экс-коргоо министри И. Исаковго чыккан сот чечимин айыптап, президент Бакиевди өзүнүн уулун, бир туугандарын мамлекеттик жогорку кызматтарга мыйзмсыз коюп жатат деп сындаган билдирүүлөрдү таратып жатканда, М. Жакишев мурдагы коргоо министрине чыккан сот чечиминде саясаттын катышы жок, жаңылыштык кетсе соттон кетиши мүмкүн деп эсептейт экен.

Деги эле президенттик шайлоонун алдында жана андан кийинки болгон - Петровкадагы, Балыкчыдагы, Бишкектеги жарандык акциялар, саясий ишмерлердин, журналисттердин өлүмүнө, камалышына байланышкан окуялар боюнча М. Жакышев жетектеген комитеттин кандайдыр бир үн кошуп, реакция жасаган учуру маалымат каражаттарынын назарына илинбептир.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, М. Жакышев жетектеген комитет менен Кыргызстандагы башка жарандык уюмдар менен шериктеш болуп иш алпарышпайт. Анткени, 2002-2003-жылдары адам укуктарын коргоо жаатында активдүү иштегендиги үчүн ошол убактагы бийлик тымызын аракеттери менен Адам укугун коргоо комитетин ичинен бөлүп-жарып, атайын кызматтын адамдары аралашып, мыйзамсыз конференция уюштуруп, чет жакта жүргөндүгүнөн пайдаланып Р. Дырылдаевди төрагалык кызматтан бошотуп, ордуна М. Жакышевди төрага кылышкан.

Ошондон кийин де-юре комитеттин жетекчиси болуп Жакышев калып калды, бирок эл аралык уюмдар де-факто Дырылдаевдин комитетин таанып келатышат,”-дейт Азиза Абдрасулова.

Мунаса курултайы: казанда болсо чөмүчкө

Эл акыны Анатай Өмүрканов, парламент депутаты Ажыбай Калмаматов "Азаттыктын" студиясында

Президент жарлыгы менен 23-мартка мунаса курултайы чакырылды.

Курултайдын болгонунан болору кызык

Жарандык коом менен бийлик ортосунда улуттук диалогду камсыз кылууга багытталган кезектеги саясий иш-чаранын максат-милдети жайында ой бөлүшүү максатында «Азаттыктын» «бетме-бет» талкуусуна кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов, парламент депутаты, «Ак Жол» фракциясынын мүчөсү Ажыбай Калмаматов чакырылган. Анда эмесе кепти Бекташ Шамшиевге узатсам.

- Курултай тууралуу кеп кылар алдында Кыргызстан адам укугунун сакталышы, сөз эркиндиги, демократия орнотуу жаатында мурунку жетишкендиктеринен кайтып, артка кеткени жөнүндө эларалык уюмдардын сын пикирлери көбүрөөк айтыла баштады. Анатай мырза, жарандык коом менен бийликтин ортосунда мунасага келчү проблемаларды талкуулап алуунун мезгили келдиби? Эгер келсе ал кандай маселелер?

Анатай Өмүрканов:
- Маселе эчак эле жетилди, деп ойлойм. Жарандык коом менен бийликтин кайым айтышы көбөйүп, тиреши күчөп келатат. Анан муну 23-мартка чакырыштын себеби 24-марттагы элдик революция күнүнө туштап, электр акысынын кымбаттаганынан, жашоонун оорлошунан элди алаксытуу амалында жасап жаткан болуш керек деп ойлойм. Муну К.Бакиев беш жыл илгери деле чакырса болмок.
Бул жерде бөлүштүрө турган эч нерсе жок.
Кеп бийликти бир кишинин ээлеп калышында эмес. Канча убакыт өттү. Кандайдыр бир социалдык жарылуу болуп кетпесин, деп жасалып жаткан иш. Бирок андан эч нерсе деле чыкпайт.

- Ажыбай мырза, жаңырган жылга - Ноорузга улай чакырылып жаткан курултайды мындан беш жыл илгери чогултуш керек эле, деген ой айтылып кетти. Кечиккен жокпузбу?

Ажыбай Калмаматов: - 2005-жылкы элдик революциядан кийин эки жыл “кетсин-келсин” деп көчөдө жүрдүк. Өзүбүздү өзүбүз билип, өтүгүбүздү төргө илип алдык. Каалаганча жүрдүк, эч нерсе кыла албадык. Анан 2008-жылы жакшылыкка баш коюп, жакшы иштер башталды. Экономикабызда өсүш болуп келе жатат. Сандар деген өжөр нерсе. Мына 2005-жылдан бери бюджетибиз 18 миллиард сом болсо бүгүнкү күндө 60 миллиардга жакындап келатабыз. Жолдор курулуп, башка иштер жасалып жатат. 2009-жылы 24-январдагы кайрылуусунда президентибиз мамлекеттик түзүлүштү, формацияны өзгөртүшүбүз керек, деп айткан. Союздан калган форма менен эле иштей бере турган болсок, система өзгөрүлмөйүн кандай кадрды койбойлу өзгөрүлбөйт деген. Өзгөрүүлөр президенттик институттан башталып, өкмөт структурасы жаңыланды. Борбордук өнүгүү фонду түзүлдү, жаңы агенттик иштей баштады. Коргоо министрлиги, күч кызматтары жаңы реформаларды иштеп жатышат. Көпчүлүккө жагыш кыйын. Бирок ошо 23-мартта чогулушуп туруп 750 шайланган өкүлдөр келишип өзүнүн алгачкы кадамын баштайт. Ойлорун, каалоо-тилектерин айтышат. Президент өзү элге кадыры сиңген адамдарды өкүл кылып жөнөтсөңүздөр бул жерде үзүрдүү, жемиштүү иштейли деген оюн ортого салып жатат.

Келишет-кетишет

- Анатай мырза, Кыргызстандагы саясий кырдаал катуулап жатат. Балыкчыдагы сот, И.Исаковдун 8 жылга соттолушу, Петровкадагы сот нааразылыкты жаратып жатат. Кырдаалды жөнгө салууга курултай таасир көрсөтө алабы? Ал деле буга чейинки иш-чаралардай бийликтин сөзүн сүйлөп, бийликти жактап кетчү иш-чаранын бирөө болуп калышы мүмкүнбү?

Анатай Өмүрканов: - Ошо бийликтин сөзүн сүйлөп, ураа-ураа менен эле тарап кетишет. И.Исаковду айтып кетпедиңби. Мен да анын сотуна катыштым. Коюлган чоң-чоң айыптар сотто далилденген жок. Анан үйдү айтып атасың. Орунбасарлары берген экен, өзү уккандан кийин алып коюптур. Ушул да күнөөбү? Бул жерде саясий кысым, куугунтуктун жыты жыттанып турат. Мына Ажыбай мырза айткандай, баары сонун делинет, ураа делинет. Анан тарап кетишет. Бирок иш ордунан жылбайт.

- Ажыбай мырза, бийликтин дарегине көп эле сындар айтылып келатат. 2 жыл ичинде саясий куугунтукка кабылгандар саны 98 адамга чыкканын Топчубек Тургуналиев айтып жатат. А.Акаевдин 15 жылдык бийлиги тушунда андайлардын катары 11 киши болгон экен. Андан сырткары карабашын калкалап чет өлкөгө кетишке мажбур болгон саясатчылар, журналисттер көп болууда. Ушулар курултайда талкууланып, бийлик менен жарандык коомдун ортосунда улуттук диалог болот, деген ишеним сизде барбы?

Ажыбай Калмаматов:
- Сиз абал курчуп кеткенин айтып кеттиңиз, абал татаалдашып, курчуп кетип баратат, дедиңиз. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө абал курчуп баратат. Европа өлкөлөрүндө деле иш таштоо, нааразылыктар болуп атпайбы. Бизде 2006-жылга караганда абал жакшы жолго коюлуп келатат, деп айтсам болот. 2006-жылы түз чыгып эле “бир айдан кийин бийликти тапшырасың, үч күндөн кийин бийликти тапшырасың”, деп калышпады беле. Бүгүн антип чыккан оппозиция жок. Чыныгы оппозиция болсо элдин таламын талашып жүрмөк. Элдин абалы жакшы жагына өзгөрүлүп келатат. Пенсия, жөлөкпул деп коебуз, ошолор аз-аздан чечилип жатат.
Казанда канча болсо ошончо чөмүчкө чыгып жатат.
Анан бир күндө эле аны компьютер аркылуу ишке ашырып койсок, анда коммунизмди куруп алабыз го. Куугунтук, журналисттер сабалып, өлтүрүлүп жатат, деп атасыздар. Былтыр дүйнөдө 400 ашуун журналист өлтүрүлүптүр. Кыргызстанда экөө өлтүрүлдү. Анын бирөө Алматыда киши колдуу болду. Ар кандай болушу мүмкүн. Көзү ачык болуп мындай болот деп айтышыбыз да кыйын. Анатай акем курултай чоглулуп, кыйкырып-кыйкырып тарап кетет, деп жатат. Анатай акем деле көзү ачык эмес да. Мүмкүн деп айтса деп ишенет элем. Курултайда жакшы тилектер айтылып, жакшы иш болот, деп ойлойм.


Оозуңа май, айланайын

- Орус агайындарда жакшы сөз бар, “сиздин айтканыңыздай болсо бал менен гана чай ичип калабыз”, деген. Ошондой эле болсун. Курултайда коомдо топтолгон проблемаларды ачык айтып, ийри олтуруп түз кеңешүү болсун деген тилек баарыбызда эле бар. Анткен менен факт деген да өжөр нерсе. Адам укугу, сөз эркиндиги, демократия жаатындагы проблемалар үйүлүп, алардын төө бастысында калганыбызды жалаң эле өзүбүз эмес, эларалык уюмдар ачык эле айтууга өтүшпөдүбү. Аны кабыл алыш-албаш бийликтин иши. Анатай мырза, коомдо бийлик менен жарандык коом ортосунда диалог болуп жатабы?

Оппозиция эл болуп жатпайбы.
Анатай Өмүрканов:
- Ажыбай мырзага айтып коеюн. Кеп генерал И.Исаковдун качан аскердик наамды кимден алгандыгы жөнүндө эмес, саясий куугунтук жөнүндө болуп жатат. Ал кыргыз үчүн күйгөн азамат деп эсептейм. Анан жарандар менен бийлик ортосунда диалог болсо мындай тирешүү болбойт эле. Эл менен ымала түзүү, мунаса түзүү жок болуп жатпайбы. Оппозиция ким деп Ажыбай мырза суроо коюп атпайбы. Оппозиция эл болуп жатпайбы. Бюджет көбөйдү, тигил көбөйдү, бул көбөйдү деп айтып жатпайсызбы, эл азыр ачка олтурат. Жарык кымбаттаганы анын абалы дагы оорлойт. Айылдагы элдин жашоо-шартын бу Акүйдөгү киши экрандан көргөндөй көрүп турушу керек. Анын күйүтү, кайгысы менен болуп, ырын ырдап турушу керек. Байланыштын үзүлүп калганы ушундан билинип жатат.

Жашасын, демократия!

- Бийлик менен оппозициянын диалогу өткөн жылы жазында болбой калган. Андан кийин ал жөнүндө кеп деле болбой калды. Бийлик өзүнчө, оппозиция өзүнчө болуп жатат. Экөөнүн ортосунда диалог болуп жатабы же Ажыбай мырза, азырынча биз бийликтин эле монологун угуп жатабызбы?

Чаң чыккан жерди дүрбөлөңгө салуу аракетин гана көрүп жатам.
Ажыбай Калмаматов:
- Азыр мен оппозициянын кичине чаң чыккан жерди дүрбөлөңгө салуу аракетин гана көрүп жатам. Ал эми бийлик жаатын ала турган болсок. Мына биз Жогорку Кеңеште ар бир айда элге чыгабыз. Жыл башында Баткенге барып келдик. Ал жердеги элдин турмуш-шарты кандай экенин өз оозунан угуп кайттык. Аныбызды айрымдар ал жерге губернатор болгон мурунку спикерибизге жардам бериш үчүн барышты деп айтып чыгышты. Элди таштап койду деш туура эмес. Кыргызстандын 5 миллион ашуун калкынын ар бири Акүйгө келе албайт да. Анан мына 23-мартта айылдардан келген өкүлдөр чогулуп, ортолук проблемаларды чогуу чечсек деген тилек болуп жатат. Ошондой эле бизде демократия жок, эркиндик жок дегенге мен айтып кетейин. Кудайга шүгүр, бизде эркиндик да, демократия да бар. Мына бул жерде Анатай акем келип өзүнүн сөзүн сүйлөп атат. Өткөндө Топчукем келип кетсин, бийликти тапшырсын деп кетти. Аны эч ким атып жиберген жок. Кудайга шүгүр, көчөдө калпагын кийип алып “түбөлүк революционер” болуп жүрөт.

Анатай Өмүрканов: - Ажыбай мырзанын сөзүнө кошумча. Бизде демократия А.Акаевдин тушунда эле бар болчу. Кыргыз деген илгертен ачык айтып келген. Ачык айтуу анын каны-жанында бар.

- Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак. Мырзалар, сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайм!

Апта: Жулмаланган Конституция, чакырылган курултай...

Конституциялык сот Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча корутундусун жарыялады. Ынтымак курултайы чакырыла турган болду. Украинада президенттик шайлоо демократиялык мүнөздө өткөнү жарыяланды.


Корутунду болду, бирок айкындык болбоду

2009-жылы 20-октябрдан кийин Президенттик бийлик системасында орун алган өзгөрүүлөрдү Конституцияга ылайыкташтыруу максатында 14-декабрда Президент Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун парламентке жолдогон. 17-декабрда Жогорку Кеңеш өз кезегинде аны Конституциялык соттун кароосуна жөнөткөн. Конституциянын талаптарына ылайык, Конституциялык сот сунушталган мыйзам долбоорун үч айдын ичинде кароого тийиш. Конституциялык сот бул маселени тездик менен карап, 21-январда өзүнүн корутундусун жарыялады.

Корутундуда Коопсуздук кеңештин, Мамлекеттик катчы кызматынын, Президенттик администрациянын жоюулушу, алардын ордуна Президенттик институттун пайда болушу жана өкмөттөгү айрым өзгөрүүлөр Конституцияга каршы келбеши белгиленди. Бирок Президенттик кеңешме аркылуу Президенттин милдетин аткаруучу танадалат деген жобо Конституцияга каршы келет деп табылды.
Мамлекет башчынын милдетин аткаруучунун жана бийликтин мыйзам чыгаруу органынын башчысынын же бийликтин аткаруу органынын башчысынын ыйгарым-укуктарын бир адам бириктирген учурдагы укуктук абал мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибин караган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7чи беренесине карама-каршы келет.

Бул учурду Конституциялык соттун төрайымы Светлана Сыдыкова мындайча баяндады:

- Президенттик кеңешме өзүнүн статусу боюнча кеңешүү органы болуп саналат. Анын чечими сунуш мүнөзүндө болоорун жана аны президент бекиткен учурда гана милдеттүү мүнөзгө ээ болоорун көңүлгө алып, Президенттик кеңешме президенттин милдетин аткаруучуну аныктай албайт деген жыйынтыкка келди. Мамлекет башчынын милдетин аткаруучунун жана бийликтин мыйзам чыгаруу органынын башчысынын же бийликтин аткаруу органынын башчысынын ыйгарым-укуктарын бир адам бириктирген учурдагы укуктук абал мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибин караган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7чи беренесине карама-каршы келет. Көрсөтүлгөн жагдайларда Конституциялык сот президенттин милдетин аткаруучуну аныктоо боюнча колдонулуп жаткан механизмди өркүндөтүү талап кылынат. Ошону менен бирге мындай адамды аныктоо максатта гана кыска убакыттын ичинде чыгарылуучу коллегиялдык орган аркылуу, бирок кеңешүү орган формасында эмес, аныктоо мүмкүнчүлүгүн танбайт жана анын курамында мыйзам чыгаруучу жана аткаруу бийлигинин жетекчилери болууга тийиш деп эсептейт.

Ошентип, Конституциялык сот Президенттин милдетин аткаруучуну аныктоо маселесин чечилбеген бойдон калтырды. Анткени соттун корутундусуна ылайык, Президент милдетин аткара албай калган учурда анын милдетин төрага же өкмөт башчынын аткаруусу Конституциянын 7чи беренесине каршы келери белгиленди. Президенттин милдетин аткаруучуну аныктоо үчүн мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрү кирген атайын коллегиялдык орган түзүү сунушталды. Ал кандай орган болоорун Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоордун демилгечиси президент жана мыйзамды кабыл алуучу Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун талкуу учурунда аныктамакчы.
Бул тобокел механизм, президент өзү жокто ака менен үкө, тага менен жээн мушташа турган механизм...

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Конституциялык соттун корутундусуна мындай баасын берди:

- Эң негизгиси эки ай мурун президент өзү киргизген нормасынын туура эмес экендигин Конституциялык Сот көргөздү. Бул деген сөз алар өзү бул механизмден баш тартып калды дегенди билдирет. Анткени бул тобокел механизм, президент өзү жокто иштебей турган механизм, президент өзү жокто ака менен үкө, тага менен жээн мушташа турган механизм. Мына ушул механизмди киргизип алып, кайрадан андан баш тарткандын айласын издеп отурушат.




Кыргызстанда Ынтымак курултайы - Түркмөнстанда Халк маслахаты


Конституциялык соттун корутундусу чыгарылганга удаалаш президент Курманбек Бакиев Ынтымак курултайын чакыруу тууралуу жардыкка кол койду. 2 жылдык мөөнөткө шайланган 750 делегаттан турган Ынтымак курултайынын алгачкы жыйыны 23-мартка чакырылды. 750 делегаттын 459у айыл округдардан, 35и эмгек мигранттарынан, 20сы диний уюмдардан, 150сү президенттин квотасы менен дайындалат.
Бизге демократия түспөлүндөгү декоративдик орган керек эмес.

Курултай тууралуу кайрылуусунда президент буларды белгиледи:

- Көчүрүп алгыдай даяр чечимдер эч жерде жок. Ошондуктан, элибиздин акыл-ою менен тажрыйбасына гана таянуу керек. Бизге демократия түспөлүндөгү декоративдик орган керек эмес. Бизге жагдайды калыс талдоо жана ар түркүн социалдык, этникалык топтордун ачык-айкын баарлашуусу керек.

Ынтымак курултайы айылдардын, мигранттардын арыз-муңун бийликке жеткириши ыктымал. Бирок ал саясатта мунаса алып келет деп айтыш кыйын.

Маселен, кыргыз бийлиги өткөн жылы ушул кездерде Коомдук палата түзүп, анын курамынан орун берүү менен алдыңкы өкмөттүк эмес уюмдарды өзүнө тартууга аракет жасаган. Бирок андан эч кандай натыйжа чыккан жок. Натыйжада азыркы мезгилде Коомдук палатанын бар же жок экени белгисиз болуп турат.

Ал эми саясатта мунаса алып келбейт деген себебине токтолсок, Ынтымак курултайына байкалып тургандай саясий партиялардан өкүлдөр кирбейт.
Эгер биз ынтымакка чакырабыз десек, анда саясий күчтөрдү чакырышыбыз керек.

Маселенин бул өңүтүнө “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев мындай пикирин билдирди:


- Курултайдын негизги функциясы эмнеде болот? Бул кеңеш бере турган уюм деп айтылыптыр. Ал өзүнүн чечимдерин мамлекеттик органдарга жөнөтө алат дептир. Ал кабыл алынабы, кабыл алынбайбы ал жагы белгисиз болуп калыптыр. Экинчиден, негизги күч болуп турган саясий партиялардын ролу Ынтымак курултайда жок болуп калган. Эгерде биз ынтымакка чакырабыз десек, анда саясий күчтөрдү чакырышыбыз керек.

Түркмөнстанда Халк маслахаты расмий бийликтин ар кандай кадамдарын эл тарабынан колдоону камсыздоо же элдин атына жамынып, өзүнүн жүргүзүп жаткан саясатын актоо үчүн колдонулуп келген. Халк Маслахаты Сапармурат Ниязовго Түркмөнбашы наамын берип, анын ар кандай “ойдон” чыгарылган чечимдери калк колдоп жатканын көрсөтүп келген. Кыргызстанда да Ынтымак курултайы ушундай ролду ойноп калышы ыктымал.
Буга чейин болуп көрбөгөндөй коомдук түзүлүштүн түспөлү пайда болууда.

Саясат таануучу Табылды Акеров Кыргызстанда Ынтымак Курултайын түзүүнүн максаты - саясий жараяндарды бир колго топтоо деп билет:


- Карап көргүлө. Буга чейин эмнелер болду? Экономикалык тармактын бардыгы бир түзүмгө, Өнүктүрүү агенттигине баш ийип калды. Банк системасында “АзияУниверсал Банк” негизги ролду ойноп калды. Мына эми Ынтымак курултайы 23-мартта чакырылганы турат. Муну кандайдыр бир деңгээлде саясий жактан коомду бир колго алуу аракети десек болот. Мындайча айтканда, буга чейин болуп көрбөгөндөй коомдук түзүлүштүн түспөлү пайда болууда. Ушундай түзүм буга чейин Түркмөнстанда курулган.


Бийлик курултайды чакырууну уюштуруу боюнча президенттик аппараттын башчысы Каныбек Жороев башында турган топту түздү. Курултай 23-мартта, 2005-жылдагы март ыңкылабынын беш жылдык мааракесинин алдында чакырыла турган болду.

Уткан Украина, утулган Ющенко

Ыңкылап демекчи, Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров 24-мартта ыңкылапчылардын митингисин уюштуруп, ага президент Курманбек Бакиевдин келип жооп беришин талап кыларын билдирүүдө. Кыргызстан оппозиционерлери март ыңкылабы максатына жетпей, тескерисинче өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу кандуу жолго түшүп алганын билдирип келатат.

Ал эми Кыргызстан ыңкылабы менен тушташ болгон Украина ыңкылабы демократия куруу багытында ири ийгиликтерге жетишүүдө. Европалык байкоочулар 17-январда Украинада болгон президенттик шайлоо адилет жана мыйзамдуу өткөнүн жарыялады. Таймашка түшкөн 17 талапкер да нааразылык билдирип чыккан жок.

Украинада өткөн президенттик шайлоодо иштеп турган президент Виктор Ющенко жеңилип, экинчи турга да чыкпай калды. Экинчи турда оппозиция лидери Виктор Янукович менен өкмөт башчы Юлия Тимошенко беттешет.

Бул шайлоо Украина нагыз демократиялык жолгон түшкөнүн жана анда президент Виктор Ющенконун ролу чоң экенин көрсөтүп турат.Социал-демократиялык партиянын мүчөсү Жыргалбек Турдукожоев Украинадагы шайлоо, демократия тууралуу буларды
билдирди:

- Бул шайлоо демократиянын дагы бир тепкичке көтөрүлгөнүн далилдеп турат. Себеби деген ошол кезде президент боло албай калган Янукович абдан күчтүү оппозиция болуп турду. Ошол эле учурда Ющенко дагы, Тимошенок дагы, бир сөз менен айтканда өлкөнүн саясий бийлиги оппозицияга куугунтук кылган жок. Мүмкүн болушунча мыйзамдарды так сактап, демократиялык принциптерди толук ишке ашырууга аракет кылып турду.

Жыргалбек Турдукожоев ошондой эле Кыргызстанда ыңкылаптын талаптары, максаттары теңирден тескери кеткенин кошумчалады.

Тасмада: Ынтымак Курултайын чакыруу боюнча президенттин кайрылуусу

Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө кайрылуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:49 0:00

Манат Эшимбеков “Күмүш маскарапоз” сыйлыгын алды

Монте-Карлодо Монако ханышасы Стефания кыргыз эл артисти, Кыргыз цирк труппасынын башчысы Манат Эшимбековго “Күмүш маскарапоз” сыйлыгын тапшырды.

  • 20-январда Монте-Карлодо цирк өнөрү боюнча эл аралык 34-фестивалдын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты болду. Анда ханыша Монако Стефания кыргыз эл артисти, Кыргыз цирк труппасынын башчысы Манат Эшимбековго “Күмүш маскарапоз” кубогун тапшырды. Сыйлыкты тапшыруу учурунда мамлекеттик желек көтөрүлүп, кыргыз гимни ойнолгон.

  • Кыргызстандык Атай Өмүрзаков орус телевидениеси уюштурган “Минута славы” долбооруна катышып, он мыкты аткаруучунун катарына кирген. Өмүрзаков калыстар тобуна өзгөчө бийин бийлеп берген. Төрт жылдан бери бий өнөрү менен менен алектенген Атай долбоорго тандоо жүрүп жатканын интернет аркылуу окуп, атайын кассетасын жөнөтүп, катышууга чакыруу алган.

  • Бул жумада Францияда режиссер Жан-Иф-Руф койгон “Евгений Онегин” спектакли көрсөтүлдү. Ал эми көрөрмандар тарабынан бул чыгармага жашоодо орундалбай калган сүйүүнү чагылдырылган мыкты спектакль деген бааасын беришкен.

  • Москвада бийлөөчү фонтандардын цирки ачылып, программадан көрөрмандар 40 тонна суу батуучу бассейнге орнотулган фонтанга күбө болушту. Мындан сырткары аба гимнасттары, макарапоздордун номерлери камтылган.

  • Чехов атындагы мааракелик фестиваль январь айында ачылып, июлда жыйынтыкталат. 16 жылдан бери өтүп келген фестиваль ар эки жылда уюштурулат. Бул жолку иш-чара Чеховдун 150 жылдык мааракесине арналып, дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн көркөм өнөр адамдарын чогултат.

23-январь: Тарых барактары

Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов

Князь А.А.Вяземский 1787-жылдын 23-январында Атаке баатырга кат жолдогон. Князь Атаке баатыр жазган катты алгандыгын жана ал императорго берилгендигин кабарлайт. Ал императордун атынан Атаке баатыр жиберген арапка, үч илбирстин, беш мадылдын терисине ыраазычылык билдирет.

Ал үчүн император Атаке баатырга 500 рубль күмүш акча жана белекке деп 300 рубль күмүш акча берген. Князь А. А. Вяземский Атаке Баатыр менен ишенимдүү мамиле орногондугуна ыраазычылык билдирип, алака мындан ары да өнүгө тургандыгын белгилеген.

Орусия империясынын Башкы прокурору, князь А.А.Вяземский 1787-жылдын 23-январында канцелярия кеңешчиси Муратовго кат жолдогон. Башкы прокурор Атаке баатырдын элчилерине татыктуу урмат-сый көрсөтүп, аларды Ыйык Петр чебине жеткирип койуусун өтүнгөн. Эгер кыргыз элчиси сыркоолоп калса, анда ал сакайып кеткенче күтүш керектиги эскертилет.

Пишпек уезддик депутаттар Совети 1919-жылдын 23-январында «Беловодск козголоңун» басууга катышкан кызыласкерлерге акчалай сыйлык тапшыруу туурасында чечим кабыл алган. Козголоңду басууга өз ыктыяры менен тартылган кызыласкерлерге күн сайын 25 рублден акча төлөнүп, мындан тышкары аларга бир айлык көлөмдөгү акчалай сыйлык тапшырылган.

Кыргызстандык космонавт Салижан Шарипов 1998-жылдын 23-январында биринчи жолу космоско учкан. С. Шарипов америкалык «Ендевор» кемесинде Флориданын Канаверал кысыгынан космоско көтөрүлгөн. Салижан Шариповдун эрдиги Кыргыз Республикасынын Баатырдык наамы менен бааланып, Бишкек мэриясы ага үч бөлмөлүү үйдү белекке берген.

Президент Аскар Акаевдин Орусия Федерациясына жасаган сапарынын алкагында, 2005-жылдын 23-январында ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуккан. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана аны өркүндөтүү маселелери талкууланган.

Президенттин жардыгы менен кызматынан бошотулган Талас облусунун мамлекеттик администрация жетекчиси И. Айдаралиев 2006-жылдын 23-январында митигчилер тарабынан кайра кызматына коюлган. Талас шаарында өткөн митингге он миң чамалуу адам катышып, алар И.Айдаралиевге чапан жаап, башына калпак кийгизип, салтанат менен губернатордук креслого отургузушкан.

Чжу Юанчжан 1368-жылдын 23-январында Кытайдын Мин династиясын негиздеген. Кытай салтына ылайык Чжу Юанчжан кийин храмдык Тай-цзу ысмын алган. Император өлгөндөн соң ага Гао-хуанди аталышы ыйгарылган. Чжу Юанчжан дыйкан тегинен чыгып, Чжу фамилиясына тиешелүү болгондуктан, ал аталыш императорго биринчи лакап аталыш ордуна берилген.

Адамзат тарыхындагы өтө катуу жер титирөө 1556-жылдын 23-январында Кытай мамлекетинин Шанси провинциясында болгон. Жер титирөөнүн очогу Хуанхэ дарыясынын боюндагы Сиан шаарында орун алган. Жер титирөө 830 000 адамдын өмүрүн алып кеткен.

Франция менен Швеция 1631-жылдын 23-январында антигермандык келишимге кол коюшкан.

Англия, Нидерландия жана Швеция 1668-жылдын 23-январында Францияга каршы үчтүктөр союзун куруу туурасында келишимге жетишкен.

Германия императору Карл VI Габсбург 1719-жылдын 23-январында Лихтенштейн княздыгынын эгемендигин тааныган.

Москва шаарындагы Чоң театрда 1881-жылдын 23-январында «Евгений Онегин» операсынын бет ачары өткөн.

Норвегиядагы Олесунн шаары 1904-жылдын 23-январында толугу менен өрттөлгөн.

Иерусалим шаары 1950-жылдын 23-январында Израилдин борбору деп аталган. Иерусалим иврит тилинде «‎Йерушалаим», арабча “ал-Кудс” деп айтылып, мында байыркы мезгилден тарта ыйык жер катары байырлап келишкен. Археологиялык маалыматтарга караганда, Иерусалимдин жашы 3500 жыл деп белгиленет.

1989-жылдын 23-январь күнү жергиликтүү убакыт менен 05.02 минута өткөндө 5-6 баллдык күчтө жер силкинген. Жер титирөөнүн очогу Дүйшөмбү шаарынын түштүк-чыгышынан 30 км алыстыкта орун алып, зилзаладан Гиссар району катуу жабыркаган. Жер титирөөдөн 1000 чамалуу адам набыт болуп, жүздөгөн үйлөр кыйраган.

Кытай Элдик Республикасынын борбору Бээжин шаарындагы Тянанмэн аянтында 2003-жылдын 23-январында нааразы болгон адамдар өзүн-өзү өрттөшкөн.

“Улукман”: Тумоодон витаминге бай азыктар сактайт

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда түрк тилдүү элдердин ортопеддеринин дүйнөлүк Конгресси өтөт. 14 жаштагы бою 89 см келген кызга татаал операция жасалат. Дем алуу органдарынын курч кармачу респиратордук түрү менен жаш балдардын көп ооруп жатышына эмне себеп?

Чочко ылаңы боюнча Кыргызстанда абал тынч. Саламаттык сактоо министрлигинин 2009-жылдын 30-декабрына карата берген маалыматы боюнча Н1/N1 вирусун жуктуруп алгандардын саны 288ге жеткен болчу. Ошол убакыттан бери чочко ылаңы менен катталгандар болгон жок.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жолдомосу менен келчү чочко тумоосуна каршы вакцина Кыргызстанга келе элек.

Бирок учурда сасык тумоонун мезгилдик кадимки түрү оор формада өтүп жаткандыктан элдин айрым катмарлары тиешелүү вакцинаны алып жатканын маалымдады Мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинин башкы адиси Динара Оторбаева:

- Биз азыр Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинен төлөнгөн каржыга медицина кызматкерлерине, чек ара кызматкерлерине мезгилдик сасык тумоого каршы вакциналарды сайып жатабыз. Ошондой эле калк арасында сасык тумоонун түрлөрү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.


Баспай калгандарды бутуна тургузган дарыгер

Бишкектеги ортопедия жана травматология Улуттук борборуна 2009-жылы 45 миң адам кайрылып, 12 миң киши ооруканада дарыланып, медициналык жардам алган. Ал эми 8 миңден ашуун адамга ар кандай баскычтагы операциялар жасалды.

Борбор учурда жогорку технологиядагы жаңы ыкмаларды өздөштүрүп баштаганын “Азаттыкка” кабарлады аталган борбордун директору, өлкөнүн башкы ортопеди Сабырбек Жумабеков:

- Бул муун ооруларын дарылоо ыкмалары, майдаланып сынып кеткен сөөктөрдү чогултуу, омуртка ооруларын дарылоо ыкмалары жана жаш балдардын тубаса муун, сөөк жана омуртка ооруларын дарылап калыбына келтирүү ыкмалары.

Кыргызстанда кийинки учурда аномалдык тубаса кемтиктер менен туулган балдар көп болуп жатат. 20-30 жыл баспаган жарандарга Бишкектеги ортопедиялык борбордон операциялар жасалып, калыбына келтирилүүдө.

Ушул кезге чейин алтымышка чукул аномалдык кемтиктер менен туулган балдарга ийгиликтүү операциялар жасалды. Сабырбек Жумабековдун айтымында, алдыда дагы кезекте тургандар көп:

- Бизде мындай оорулуулар чынында көп. Аларга кезек менен операцияларды жасайбыз. Мына азыр алдымда бою 89 см келген 14 жаштагы кыз турат. Эми бул кыздын бою 3 жашар баланын боюндай да, элестетсеңиз, 14 жаштагы кыздын бою. Бул кызга биз 2 жылда этаптык операцияларды жасап, боюн 20 сантиметрге чоңойтолу деп жатабыз.


Баланын саламаттыгы - ата-эненин колунда

Жылда эле кыш мезгилинде дем алуу органдарынын респиратордук вирустук инфекциялары менен катталгандар көп болот. Ушул тапта дем алуу органдарынын курч кармаган респиратордук формасы менен Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына айрыкча 3 жашка чейинки балдар өтө көп кайрылууда. Мындай көрүнүштү адистер бул ооруларга каршы вакцинанын жоктугунан көрүшөт.

Вирустук инфекциялык оорулардын ичинен дем алуу органдарынын курч кармаган респиратордук формасы менен ноябрь айынан ушу тапка чейин кайрылгандар өтө көп болууда, дейт Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Нарынбек Айткулуев:

- Айрыкча ноябрь, декабрь, январь айларында биздин реанимация кайра жандандыруу бөлүмүндө 15 орун болсо, отуз бештен оорулуулар жатууда. Алырдын 90 пайызы 3 жашка чейинки балдар.

Бишкек шаарынын тургуну Уландын эки жаштагы кызы Айзада бир аптадан бери жөтөлүп, денеси ысыганына карабай үй шартында дарыланган. Улан кызынын алы кетип, дем алуусу кыйындаганда гана ооруканага кайрылган:

- Эки жаштагы кызым ооруп калганынан суук тийди экен деп ойлоп, антибиотиктер менен дарылаганбыз. Анан оорусу күчөп, деми кыстыгып, катуу ооруганда оорукагана алып келдик. Азыр жубайым кызым менен ооруканада болуп атат. Абалы жакшы болуп калды.

Башкы дарыгердин берген маалыматында, 2009-жылы бул дарттан ооруканада 18 миң 113 оорулуу дарыланган, ал эми 75 пайызга жакыны үч жашка чейинки балдар. Алардын ичинен 151 оорулуу каза тапкан. Мындай көрүнүштүн көп болуп жатышын дарыгер бул дартка каршы вакцинанын жоктугунан көрөт:

- Бүтүндөй жер шаарындагы саламаттыкты сактоо тармагында жогорку дем алуу жолдорунун курч мүнөздөгү респиратордук вирустук жугуштуу ооруларына каршы эффективдүү дары жок. Бул оорулар башкарууга мүмкүн эмес деген жугуштуу оорулардын катарына кирет. Себеби бул дартка каршы вакциналар жок.

Сасык тумоого чалдыккан адамдар антибиотиктин жардамы менен өз алдынча дарыланууга болбойт. Себеби бул вирустук инфекция болгондуктан, ал вирусту антибиотиктер өлтүрө албайт, дейт Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Рыскулбекова:

- Ооруп калган кишилер үйдөн дарыланып, антибиотик ичип башташат. Ага уруксат берилбейт. Бул вирус болгондон кийин вируска антибиотик жардам бербейт. Ал бактерияларды өлтүргөнгө гана колдонулат. Сасык тумоого атайын вирустук дары-дармектерди ичиш керек. Андыктан үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылыш керек.

Жаш балдардын иммундук системасы толук калыптанып бүтпөгөндүктөн дем алуу органдарынын курч кармаган респиратордук формасы аларда өзгөчө коркучтуу болуп эсептелет. Андыктан жаш балдарда бул дарт тез арада күчөп кетүү коркунучу бар, дейт Нарынбек Айткулуев:

- Вирустун таасири менен ууланунун натыйжасында бала дем алганда аба аркылуу кире турган кычкылтектин саны кескин түрдө төмөн түшүп калат. Анын ичинде мээдеги кычкылтектин кескин түрдөгү жетишсиздик абалы пайда болот. Ал балдардын мээсинин шишип кетүүсүнө алып келет.

Бул көрүнүштү алдын-алууда Нарынбек Айткулуев ата-энелерге мындайча кеңешин берет:

- Баласы ооруп калса ким күнөөлүү? Мен дарыгер катары айтам: жүз пайыз ата-энеси күнөөлүү. Алардын жоопкерсиздик мамилесинин натыйжасында болот. Балдарын көтөрүп алып аш-тойлорго барышып, ал жерде ооруп жаткан адамдар менен байланышып, баласын оорутушуп, өтө оор абалда ооруканага алып келишет. Мүмкүн болушунча балдарды көтөрүп алып меймандап тойлорго барбай, башка ооруган адамдар үйгө келсе, алар менен эч кандай контакт болбош керек. Көбүнесе үйдө өзүнчө бөлмөгө бөлүп, керек болсо үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү менен да байланыштырбай баланы сактоо керек.

Ал эми Айнагүл Рыскулбекова да сасык тумоого чалдыкпаш үчүн витаминге бай тамак-ашты колдонуу керектигин айтат:

- Дарыканаларда "Акциолин" майы бар. Аны күнүгө эртең менен жумушка чыгаарда, же балдар мектепке барарда мурдунун көңдөйчөлөрүнө сүйкөп коюу керек. Ошондой эле С витаминдүү капуста, пиаз колдонуш керек, чеснок жеш керек.


Чочко тумоосунан чочуган калк
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:36 0:00

Исмаил Исаковдун коопсуздугуна коркунуч туулуп жатабы?

Учурда абакта отурган мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун тарапкерлери анын саламаттыгына тынчсызданууда. Адвокат А. Бекназаров болсо И. Исаков өзү отурган бөлмөдөн шектүү жыт чыгып жатканын айтканын билдирди.


- Азимбек мырза, Исмаил Исаков менен жолугушуп турсаңыз керек, абалы кандай?

- Ачкачылык жарыялап аткан элге келсем, “Исмаил Исаковго “тез жардам” келип кетиптир”, өзүн жоготуп коюптур деген сөздөр болуп жатат, чын эле ушундайбы” деген суроону мага беришти. Мен мурдагы күнү кечинде кирип чыккам, ден-соолугу абдан жакшы деп айттым. Камалгандан бери үч жолу кирип чыктым. Бизди тергөө бөлмөсүнө гана киргизет. А кишинин ден-соолугу жакшы, духу да жакшы. “Эч кандай күнөөм жок, мени саясий туткун катары камады” деп отурат.

- Исмаил Исаков отурган жерден кандайдыр бир жыт чыгып жатканы тууралуу сөз болуп жатат. Бул боюнча эмне айта аласыз?
И. Исаков жаткан жеринен депутат кезинде иш бөлмөсүнөн "жучок" табылгандагыдай шектүү жыт чыгып жатканын айтты.

- Акыркы жолу жолукканда Исмаил Исаков мага ошентип айтты: “Азимбек, 2003-жылы Жогорку Кеңештеги менин иш бөлмөмдөн жыт чыгып, биз тийиштүү адистерди чакырганда менин, сенин жана алты депутаттын иш бөлмөлөрүнөн да “жучок” чыкты эле. Кийин биз депутаттык изилдөө жүргүзгөндө аны Улуттук коопсуздук кызматы кылганын далилдедик эле. Азыр да мен жаткан жерден ошондой жыт болуп атат”, - деп айтты. Мен аны сезсеңиз, дароо абактын башчысына билдирип, текшертиңиз деп айттым.

- Исмаил Исаковду Улуттук коопсуздук кызматынын абагына эмес, жалпы түрмөдөгүлөр отурган абакка жөнөтсө болот беле?

- Ал киши аскер кызматчысы эмеспи. Аскер, укук коргоо органдарынын кызматчысы УККнын тергөө абагында жатышат. Ошондуктан Исмаил Исаковду ал жака алып барганы туура эле болду. Тиги жактын тили менен айтканда, Исаков да “кызылдарга” кирет да.

- Демек ошол жерде эле жазасын өтөй береби?

- Жок, жазасын 47-колонияда, мурда Феликс Кулов жазасын өтөгөн “кызылдар” үчүн колония бар, ошол жерге которулат.

- Эми Азимбек мырза, мындай окуя өзүңүздүн деле башыңыздан өттү эле. камерада отуруп, келтек жеген сыяктуу. Азыр да кандайдыр бир коркунуч туулбайбы. Эгерде кокустук болуп калса кандай кадамдарга барасыздар?
Исмаил Исаков абакта бир нерсе болсо бийлик керт башы менен тарых жана эл алдында жооп берет.

- Мен кепилдик бере албайм. Анткени азыркы мезгилде Аскар Акаевдин убагындагыдан да катуу режим болуп атпайбы. Каалаганын кылып, каалаганын жайлап, атүгүл СИЗОнун ичиндеги “каралар” да аларга кызмат кылып калган фактылар жок эмес. Ошондуктан азыр биз бүгүн кеңешип чечтик, күндө жок дегенде 2-3 адвокатты алып туруп, алар дагы кирип турсун, коомдук жактоочулар да кирип турсун, күндө кабар алып туралы деген чечим кабыл алдык. Бирок Улуттук коопсуздук кызматынын абагында ар нерсе болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан мен айтып атам, эгерде бир нерсе боло турган болсо, бүгүнкү бийлик керт башы менен эл алдында жана тарых алдында жооп берет.

Азимбек Бекназаровдун мындай билдирүүсүнөн соң, Жазык аткаруу башкы башкармалыгынын жетекчиси, Юстициянын полковниги Айбек Турганбаевге кайрылдык:

- Жөн эле болбогон, суу кечпеген кеп болсо керек. Ар бири өзүнө көңүл бурдургусу келип, ар нерсени айта берет да.

Тасмада: Исмаил Исаковдун соттогу акыркы сөзү

И. Исаковдун соттогу акыркы сөзү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

Санарип берүүгө өтүү – мезгил талабы

Эл аралык келишимге ылайык, 2015-жылга чейин өлкөнүн бардык аймактары берүүнүн санарип ыкмасына өтүүгө зарыл. Өлкөдө 3 ай аралыгында аталган ыкмага өтүү боюнча мамлекеттик долбоор иштелип чыгышы зарыл.

2006-жылы Женевада санарип ыкмага өтүү боюнча келишим иштелип чыгып, ага 119 мамлекет кол койгон. Алардын арасында Кыргызстан да бар. Келишимге ылайык, милдеттенме алган мамлекеттер телеберүүлөрдү санарип ыкмага 2015-жылдын июнь айына чейин өткөрүүсү тийиш.

Бул маселе боюнча Президенттин катчылыгынын алдында мамлекеттик программа иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ иш алып барууда. Ага министрликтин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, эл аралык адистер кирген.

Топтун мүчөсү “Медиа полиси институту” коомдук уюмунун өкүлү Бегаим Үсөнованын айтымында, программа үч айдын аралыгында даяр болушу зарыл:

- Программадагы иштер ачык-айкын жүзөгө ашуусун көзөмөлдөө үчүн жумушчу топко биз сыяктуу жарандык коом өкүлдөрүн кошуу боюнча көп аракеттерди көрдүк. Биз телеканалдардын, санарип телеберүүсүн кабыл алуучу жабдыктарды импорттоочу компаниялардын, жөнөкөй көрүүчүлөрдүн, айтор бул маселеге тиешеси бар бардык тараптардын кызыкчылыгын коргошубуз керек.

Санарип ыкмага өтүү телеканалдардын санынын көбөйүшүнө алып келет. Мисалы, бир жыштык менен ондой телеканал эфирге чыга алат. Мындан тышкары үн, сүрөтүнүн сапаты жогорулайт. Ошондой эле көрүүчүлөрдүн телеканал тандоодо мүмкүнчүлүктөрү кеңейет.
Эгерде биз кызыктуу, сапаттуу берүүлөрдү даярдасак, көрүүчү бизди тандайт.


Бирок санарип ыкмага өтүүнүн терс да жактары бар. Алар тууралуу “ТВ жана үналгы” ассоциациясынын жетекчиси Роман Миловацкий буларды айтат:

- Бул жерде каржы маселеси негизги проблемалардын бири. Анткени санарип жабдуулар өтө кымбат турат. Ошон үчүн телекомпаниялар менен мамлекет буга ири суммадагы каражатты жумшоосу зарыл болот. Ошондой эле тиешелүү мыйзамдарды өзгөртүү керек. Бул да чоң иш.

Ошондой эле көрүүчүлөр да “ресивер” аталчу санарип берүүлөрдү кабыл алган жабдууларды сатып алуусу керек болот. Алардын баасы учурда 50-100 доллардын тегерегинде.

Атаандаштык бар жерде сапат да болот

Негизинен санарип ыкмага өткөндө телеканалдар эфирге чыгуу үчүн сөзсүз түрдө акча төлөшү керек. Бирок Транспорт жана байланыш министрлиги билдиргендей, УТРК, ЭЛТР, МИР сыяктуу өкмөттүк айрым телеканалдар акысыз көрсөтүлүп, алар үчүн каражатты мамлекет төлөөрү күтүлүүдө. Ал эми калган каналдар мындай ыкмага өз каражаты менен өтүшү керек болот. Ушундан улам, акчасы көп чет элдик телеканалдар жергиликтүү маалымат айдыңын ээлеп албайбы деген суроо жаралат.

Бегаим Үсөнованын айтымында, учурда иштеп жаткан жумушчу топ да ушул маселени жолго коюу боюнча аракеттерди көрүүдө:

- Маалымат коопсуздугу санарип ыкмага өтүүдө орчундуулардын бири болуп атат. Андыктан дал ушул маселени биз азыркы программага киргизип атабыз. Анын чоо-жайын мамлекет мыйзамдарга таянып чечиши керек.

Ош-ТВ телеканалынын өкүлү Халилжан Худайбердиевдин айтымында, бул жерде каналдар арасында атаандаштык күчөйт жана жергиликтүү телеканалдар сапаттуу берүүлөрдү даярдай баштайт:
Санарип жабдуулар өтө кымбат турат.


- Эгерде биз кызыктуу, сапаттуу берүүлөрдү даярдасак, көрүүчү бизди тандайт. Андыктан биз жакшы программаларды көрүүчүгө сунуш этишибиз керек.

Ошентип санарип берүүгө өткөндө телеканалдар атаандаштыкта жеңип чыгуу үчүн биринчи кезекте сапатка көңүл бура баштары бышык. Ал эми көрүүчүлөр болсо берүүлөрдү акча төлөп көрүүгө аргасыз болушат.

"Азаттыктын" архивинен: Жарандык журналистикага сереп

Кыргызстандын блог чөйрөсү өзүнө эмнени камтыйт? "Блоггерлер" же интернет күндөлүктөр журналистикага атаандаш боло алабы? Азыр көрүңүз!

Жарандык журналистикага сереп
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:16 0:00

Кар көчкүлөр, тайгак жолдор азабы

Өлкө аймагында кардын көп, калың жаашы менен Транспорт жана коммуникация министрлигинин жол техникалары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Учурда кыш өкүмүн сүрүп, айрым аймактарда кар калың жаап, жолдор тайгак болду. Мурдакыдан жолго туз, кум аз себилгендиктен жол кырсыктары арбын болууда дешет айдоочулар.

Кыргыз автожолдору мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Ызатбек Токтомамбетов өлкө аймагына жааган калың кардан негизги жолдор учурунда тазаланып, беш жүздөн ашуун кубаттуу техника иштеп жатканын “Азаттыкка” билдирди.

-Өлкө аймагында кардын көп жаашы менен Транспорт жана коммуникация министрлигинин беш жүздөн ашуун жол техникалары, бир жарым миңдей кызматкери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Кара-Кулжа -Алайкуу автожолунда бүгүнкү күнгө чейин беш кар тазалоочу машина иштеп жатат. Биздин ишкана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирдикте бул участкага дагы үч спецтехника жөнөтүк. Транспорт жана коммуникация министрлиги автожолдогу кырдаалды баалап, ПЛУАД-6 жана ДЭП-30га дагы эки агрегат алып келүүнү тапшырып, ал милдетти аткарууга аракет кылуудабыз. Тазалоо иш чараларына начар аба ырайы жана кар көчкүнүн жүрүшү тоскоолдук кылууда. Каракол-Эңилчек, Барскоон-Акшыйрак, Сөөк-Каракол, Түп-Кеген жолдорунун карын тазаладык. Мырзаке-Алайкуу жолдору убактылуу жабык. Ошондой болсо дагы калың кардан сырткары ызгаардуу шамалдын натыйжасында айрым ашуу жолдорун тазалоо кыйынга турууда. Мындан сырткары өлкө аймагында жолдун карын тазалоочу техникалар да жетишсиз.

Бишкектик айдоочу Нурлан Токтогуловдун айтымында учурда Бишкектин борбордук көчөлөрунө гана кум, туз себилип, башка четки жолдорго каралбай кум, туз себилбей, таңкысын тайгак болуп, кырсыкка кириптер кылууда.

Айдоочулардын мындай айыптоосун Кыргыз автожолдору мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Ызатбек Токтомамбетовдун четке кагып, жолго себилүүчү кум, туз жетиштүү даярдалып, себилип жатканын билдирди:

-Бишкекте эле 16 кар тазалоочу жана 15 кум жана туз себүүчү машина иштеп жатат. 670 тонна кум даярдалган, ошондой эле 183 тонна туз жолго чачуу үчүн даярдалган. Мындан сырткары да кошумча техникалар иштеп жатат. Чынында эле негизги көчөлөргө кум, туз себилгени менен башка четки көчөлөргө жетише албай жатабыз.

Кыйма-чийме жолдордун сапатынын начардыгы кырсыктардын дагы бир негизги себептеринин бири катары аталып келет. Мындай көз караштагыдардын бири - Бишкектин тургуну Алмаз Кудайбергенов:

-Жолдун көпчүлүк бөлүгү уңкур-чуңкур болуп атпайбы. Бул жердеги чоңдор оңдоп атабыз дегени менен борбордук жолдор оңдолуп, башка жактагы жолдор каралбай калбадыбы. Боом капчыгайы, Нарын тараптан эмнеге көп кырсык катталып атат, демек автожолдор кууш, жаман. Менин оюмча жол кырсыгынын чыгышына негизинен кан жолдордун талапка жооп бербегени себеп болууда.

Айдоочу Исмаил Исраиловдун пикиринде, Транспорт министрлиги жол салыгын алгандан кийин кышкысын жолдордун кесилиштерине кум, туз сээп, карын тазалап, бир тараптуу жолдорду, ыкчам жүрүүчү кан жолдорду көбөйттүүгө аракет кылса.

Өзгөчө кырдаалдар министрлгинин басма сөз кызматынын башкы адиси Абдишарип Бекиловдун айтымында адам курмандыктарын жана материалдык жоготууларды болтурбоо максатында артиллериялык куралдын жардамы менен Бишкек-Ош автожолунун айрым айммктарында кар көчкүлөрү атайын атып түшүрүлдү.

-Премьер-министр-Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана жоюу боюнча ведомство аралык комиссиясынын төрагасынын 15-январдагы №1-буйругу чыкты. Аталган документке ылайык Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коргоо министрлгинин артиллериялык куралдарын жардамы менен Бишкек-Ош автожолунун 121-138 км жана 198-265 км кар көчкүлөрүн атып түшүрүп, жолду тазалоо иштерин жүргүздү.

Бишкек-Ош автожолунун айрым кооптуу аймактарында 26-январга чейин жолдор убактылуу жабылып, артиллериялык куралдарын жардамы кар көчкүлөрүн атып түшүрүү, жолду тазалоо иштери жүргүзүлмөкчү.

Эки коёнду бир ок менен атуу

Конституциялык Сот 21-январда президент сунуштаган Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорун карап, жалпысынан аны колдоп берди. Бир гана, президент кызматын аткара албай калган чакта анын милдетин аткаруучуну Президенттик кеңеш тандай албайт, бул жерди оңдоо керек деген корутунду чыгарды. Талдоочулар божомолунда, бул жерде “эки коёнду бир ок менен аткан” саясат жүрүп кетти.

Учурда иштеп аткан баш мыйзамга ылайык, эгер президент кокустан өз кызматын аткара албай кала турган болсо, анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Эгер ал да аткара албай калса, анда президенттин милдетин премьер-министр аркалап турат. Мындай учурда булар белгиленген мөөнөткө чейин, ыйгарым укуктары чектелүү шартта гана бул кызматта отуруп, президенттик шайлоонун калыс өтүшүн камсыздоосу керек. Ал эми ушундай жагдай түзүлгөн маалда президенттик шайлоо үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбей өткөрүлүшү шарт.
“Конституциялык Сот принципиалдуу орган экен” дедиртип, ага деле бир аз аброй, имидж берип коюш керек болду да. Бул жерде ошо эки коён бир ок менен атылып атат.
О.Молдалиев


Ал эми президент сунуштаган башмыйзамдын жаңы долбоорунда, мындай жагдай түзүлгөн маалда президенттин милдетин аткаруучуну Президенттик Кеңеш көпчүлүк добуш менен тандай тургандыгы айтылган. Президенттик Кеңеш ошол эле өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, президенттик институттун жетекчилеринен куралмакчы. Демек анын курамына Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Максим Бакиев баш болгон жетекчилер кирмекчи.

Конституциялык Соттун 21-январдагы чечими, президенттин жогорудагы пландарына эч кандай каршы келбейт. Тек гана “Президенттин милдетин аткаруучуну кеңешме орган болгон Президенттик Кеңеш тандай албайт, ал башкача тандалуусу керек” деген корутунду жасалды.

Белгилүү саясий серепчи Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Конституциялык соттун чечими техникалык гана кадам болуп, “президент милдетин аткара албай калса, анын милдетин жакындары гана аткарат” деген планга эч тоскоол болгон жок. Тек гана Конституциялык соттун кароосунда сунушталган документтен оркойгон каталар чыгып, аны оңдоо керек болуп калды. Анын үстүнө, Конституциялык соттун аброюн көтөрүп, аны эл алдында калп эле көз карандысыз кылып көрсөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду:

- Бул жерде сунушту талкуулап атканда мүчүлүштүктөр болгонун сезишсе керек. Эми бул жерде оркоюп кала турган иш болуп атат да. Анткени конституцияда мындай нерсе жок. Ал эми жанагыдай өзгөртүүлөрдү киргизгенде ачык эле көрүнүп калат да, ак жип менен тигилгени.

Ошондуктан муну “бир аз жымсалдап жасоо керек” деген ой менен кайра келип аткандагысы. Экинчиден, “Конституциялык сот принципиалдуу орган экен” дедиртип, ага деле бир аз аброй, имидж берип коюш керек болду да. Бул жерде ошо эки коён бир ок менен атылып атат. Болбосо биз Конституциялык соттун ахбалын билебиз да. Эгер шайлоо быйыл өтөт дешсе, быйыл өтөт. Эмки жылы өтөт дешсе, эмки жылы өтөт. Анан “ушундай Конституциялык соттун кереги барбы” деген суроо келип чыгат да. Ошондуктан ушинтип анда-санда принципиалдуулук көрсөтүп туруш керек.


“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдрасаковдун пикиринде, Конституциялык сот туура чечим чыгарды. Депутаттын айтымында, баш мыйзамдын үчүнчү главасынын 52-беренеси ошол бойдон эле калса туура болмок:

- Конституциялык соттун чечими принципиалдуу болду деп эсептейм. Анткени “Президенттик кеңеш чечет” дегендин өзү туура эмес. Конституция боюнча кандай жазылса, ошондой болушу керек. Эгер президент болбой калса, премьер-министр же Жогорку Кеңештин төрагасы, ал да болбосо бийликтин өзүнүн иерархиясы бар да, ошонун негизинде кетиши керек.

Турмуштан сабак алалы деп атпайбызбы. Өткөндөгү революцияда көрдүк го. Президент менен премьер экөө тең качып кеткен. Жогорку Кеңеш да жок болгон ал убакта. Ошондой учурларга, турмуштун бардык шарттарына карата алдын-ала чара көрүп коюшубуз керек.


Эми президенттин мыйзамчы, юристтери баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоордун аталган беренесин кандайча оңдой турганын күтүү керек. Ага ылайык, президент милдетин аткара албай калса анын ыйгарым укуктарын аткаруучу адамды аты гана өзгөртүлгөн ошол эле Президенттик кеңеш тандап калуусу мүмкүн. Талдоочулардын божомолунда, эми кандай болгон күндө да мындай жагдай түзүлүп калса, “парламент төрагасы же премьер-министр президенттин милдетин аткарат” деген аныктамага кайтышпайт өндүү.

Т. Сариев: Ынтымакка саясий күчтөрдү чакырышыбыз керек

“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору боюнча Конституциялык соттун кечээки корутундусу жана өлкө башчысынын Ынтымак Курултайын чакырган кайрылуусуна байланыштуу суроолорго жооп берди.

- Темир мырза, Конституциялык сот Президент милдетин аткаруучу тууралуу жобону ого бетер татаалдаштырып салды окшойт. Корутундуга ылайык төрага менен өкмөт башчы андай ыйгарым укуктан ажыратылды. Жаңы коллегиялдык орган түзүлүш керек деген жобо айтылды. Бул чалкештик эмнеден?

- Биринчиден, президент сунуштаган Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн өзү логикасы туура эмес болуп калган. Анткени бүгүнкү иштеп аткан Конституцияда так анык жазылып турат, эгерде президент кандайдыр бир себептер менен өз милдетин аткара албай калса анын ордуна ким аткарышы. Ал эми сунуштаган президенттик кеңешме деген бул кеңеш, сунуш бере турган гана орган. Ал кандайдыр бир чечимдерди так кабыл алалбайт дегенге таянышып кылды. Мен ойлойм, эми өзгөртүүнүн демилгечиси мурунку эле редакцияда калтырыш керек. Конституциялык соттун кечээки корутундусун карап көрдүм, ал жерде чоң талкуу болгон жок ар түрдүү себептер менен. Бирок кандайдыр бир ички инстинкт ойноп кетип, ойгонуп кетип, ошону менен булар ошого бөгөт койду деп ойлоп атам. Менде мындан ары бул жобо алынып салынат деген үмүт бар.

- Кайталап айтканда, бул жетинчи беренеге - бийликтердин бөлүштүрүлүшүнө туура келбейт, төраганын жана өкмөт башчынын президенттин милдетин аткаруусуна. Сунушталган долбоордо болсо жаңы коллегиялдык орган түзүлүш керек деп айтылып жатат да?

- Жок, биринчи менен экинчи глава референдум менен гана кабыл алынат. Анткени алар референдум менен кабыл алынган, Конституциянын акыркы беренесиндеги конституциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча эрежесинде жазылып турат. Ал эми президент болсо үчүнчү менен төртүнчү главага өзгөртүүлөрдү киргизип атпайбы. Бул ушуга дагы каршы келип атат. Эгерде андай боло турган болсо анда жалпы референдумга алып чыгыш керек болуп калат.

- Демек анда маселени чечиш үчүн бийлик референдумга барышы мүмкүн экен да?
Эгерде дагы кандайдыр бир кеңешме органдарды кошо турган болсок, бизде төрт баштуу бийлик болуп калат.

- Бийликтин өзүнүн түзүлүшү үч бийликтен турат да, аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлиги. Эгерде ал жака дагы кандайдыр бир кеңешме органдарды дагы кошо турган болсо, анда бизде төрт баштуу бийлик болуп калат. Мунун демилгечилер түшүнүп атат болуш керек.

- Президент чакырып жаткан Ынтымак Курултайы ынтымак алып келе алабы?

- Президент кечээ ушундай кайрылуу кабыл алды. Мен жоболорун карап чыктым. Так, ачык, анык түшүнө албай турушат көптөрү. Ошонун ичинде саясатчылар, серепчилер деле ушундай суроо берет болуш керек, бул курултайдын негизги функциясы эмнеде болот деп. Бул кеңеш бере турган деп артында гана көрсөтүп коюптур. Ал өзүнүн чечимдерин мамлекеттик органдарга гана жөнөтө алат. Ал кабыл алынабы, кабыл алынбайбы бул билинбей калды. Экинчиден, саясий партиялар негизги саясий күч болуп турбайбы, алардын ролу жок болуп калган бул саясий ынтымакта. Эгер ынтымакка чакырабыз десек, биз саясий күчтөрдү чакырышыбыз керек ынтымакка. Маселе ушунда болуп турат.

- Бул түзүлүштөн дагы эле саясий партиялар, оппозициялык күчтөр сыртта кала тургандай болуп турат?

- Берилген жобосунда саясий партиялар жөнүндө бир да сөз жок. Эгерде биз жок, мурункудай болуп ар бир айылдык округдан шайланып келет десек, анда келечекте бул Ынтымак курултайы Ынтымак курултай болбой эле саясий курултайга айланып кетет да, эгерде ошондой жол менен кете турган болсо. Бул опурталдуу болуп калды. Менимче, саясий партияларга сөзсүз түрдө кандайдыр бир өлчөмдө орун бериш керек эле, эгерде ошондой эле Ынтымак курултайын чакырам десе...

- Рахмат маегиңизге.
Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө кайрылуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:49 0:00

Медресе – жан дүйнө боштугун толуктообу?

Соңку учурларда Кыргызстанда көпчүлүк ата-энелер баласын окутуу үчүн мектепти эмес, медреселерди тандоодо. Ушундай оюн билдиришкен диний адистер мындай көрүнүшкө мамлекет көзөмөл жүргүзбөсө, алдыда сабатсыз муун көбөйөт деп коңгуроо кагышууда.

Алардын пикиринде, өлкөдөгү медреселердин көбү куран жана хадистерди окутканы гана болбосо, эч бир талапка жооп бербейт. Мындай пикир ээлери менен Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгы макул эмес.

Кыргызстан көз карандысыздыкты алгандан кийинки өлкөдөгү башкы өзгөрүүлөрдүн бири дин жагынан байкалды көрүнөт. Анткени өлкөдө мечиттер жаандан кийин көбөйгөн козу карындай эле мурда-кийин болуп көрбөгөн медреселер салынды.

Акыркы 4-5 жыл аралыгында көпчүлүк ата-энелер балдарынын билим алуусу үчүн дал ошол медреселерди тандап ала баштады. Алар айрыкча өспүрүм балдардын тартиптүү, ыймандуу, ийкемдүү тарбияланышына дал ушул медреселер жакшы деп ынанышат.

Ошентип ушул тапта Кыргызстандагы медреселердин саны алтымышка жакындап, сегиз Ислам институту, бир Ислам университети ачылды. Адистер беш млн. калкы бар Кыргызстан үчүн бул сандар өтө эле көптүк кыларын белгилеп келишет. Мисалы, 20 млн. калкы бар ошол эле Өзбекстанда ушул тапта болгону сегиз медресе, бир Ислам институту бар экен.
Медреседе,
мектептегидей тоноо жана рэкет деген түшүнүк жок. Ал тарбия башка.


Бирок адистер өлкөдө орун алган медреселердин талапка жооп бербей турганын айтып, ушул багытта системаны оңдоо зарылдыгын белгилеп келишет. Мамлекеттик дин комиссиясынын жетекчиси Каныбек Осмоналиевдин пикиринде, бул келечекте сабатсыз жаштардын, сабатсыз муундун жаралышына алып келиши ыктымал.

- Билим берүү мыйзамы боюнча, бизде тогуз жылдык окуу милдеттүү болгону менен, кээ бир ата-энелер балдарын мектептен алып медреселерге берип, алардын келечегине чоң бир проблема түзүлүп жатат. Көп эле медреселерде куран жаттатып, бир-эки хадис үйрөткөнү болбосо эч бир билим беришпейт. Экинчиден, бир медресенин иш планы экинчисиникине төп келбейт. Бири Пакистандын таасиринде, башкасы Түркия, арабдардын таасиринде болуп калган. Бул Мусулмандар башкармалыгынын, муфтийдин алдында маселени ачык эле айтып, көтөрүп келебиз.

Диндин чыныгы баалуулуктары

Кыргызстанда баш-аягы биригип миңдин тегерегинде балдар медреселерде билим алышат. Чет жактарга билим алуу үчүн кеткендер да бар. Өткөн жылы отуздай бала дин жагынан билимин өркүндөтүү максатында чет жактарга медреселерге окууга кетишкен. Алардын көбү Араб Эмиратына, Египетке, Иорданияга жана Түркияга кеткендер. Арасында Пакистанга кеткендер да бар.

- Тилекке каршы, Пакистанга, Лахор, Райвант шаарларына дааватчылык курска барып жүргөндөр да бар. Бул да муфтияттын жана өкмөттүн көзөмөлүнөн чыгып кеткен да. Ал жакка турист катары барып эле, ошол жерде окуп, ар кандай көз караштар менен келип жатышат, - дейт К.Осмоналиев.

Коомчулук арасында башка бир уюмдун кызыкчылыгына динди пайдаланышы мүмкүн деген кооптонуулар да жок эмес. Мына ушундай таасирлерге берилип кетпеш үчүн адам баласы диндин чыныгы баалуулуктарын билип чоңоюш керек дешет адистер.

“Мына ошол себептүү ушул тапта жалпы билим берүү мектептерине дүйнөлүк диндердин тарыхын киргизүүгө аракет жасалууда”, - дейт К.Осмоналиев. Анын айтымында, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрү мектеп программасына мындай сабакты эбак эле киргизген.

Ал эми өлкөнүн мусулмандар башкармалыгы алтымыш медресе Кыргызстан үчүн көптүк кылбайт жана кооптуу эмес деген ойдо. Башкармалыктын өкүлү Кубат Имаровдун билдиргенине караганда, чет жакка окуп кеткендердин саны да өткөн жылдарга салыштырмалуу өскөн.

- Жок, Кыргызстан үчүн алтымышка жакын медресенин болушу көп деле эмес. Алардын онго жакыны ар кандай себептер менен иштебей турат. Бирок акыркы кездерде балдарын медресеге берген ата-энелердин көбөйгөнү байкалып жатат.

Мектепте – рэкет, медреседе - ?

Ал эми 18 жаштагы Аскат Бишкек шаарынын медреселеринин биринен билим алат. Ал медресеге тогузунчу классты бүткөн кезинде ата-энесинин түрткүсү менен келген. Аскат окуган медреседе өзү курактуу дагы бир топ бала бар. Алардын бардыгы ушул медреседе жашап, ушул жерде окушат. Ал бул жакта куран окууну үйрөнүүдөн башка, бири-бирине болгон мамиле да жакшырарын белгилейт.
Тилекке каршы, Пакистанга, Лахор, Райвант шаарларына даватчылык курска барып жүргөндөр да бар.


- Бардык эле ата-эне өзүнүн баласын дин жактан сабаттуу болсун, куран жаттап, адал менен арамды ажырата билсин деген тилек менен медресеге берет. Мени деле тогузунчу классты бүткөндө ата-энем алып келген. Өзүм деле кызыгып, аракет кылгам. Мунун эч кандай зыяны жок.

Аскат медреседен сырткары Ислам институтунда да билим алат. Ал чет өлкөгө дааватка чыгууга же башка өлкөгө медресеге окууга ниети жок. Бирок ал медреселерге кошумча башка сабактарды киргизүүнүн кажети жок деп ойлойт. Ал кошумча сабактарды тогузунчу класска чейин мектепте окуу жетиштүү деген пикирде.

Ал эми дин боюнча жергиликтүү серепчилер жаштардын динге тартылып, медреселерге окуусу бир гана Кыргызстанда эмес, жалпы постсоветтик өлкөлөрдө байкалып жаткандыгын айтышууда. Мындай изилдөөнү “Дин, укук жана саясат” аналитикалык изилдөө борбору жасаган.

Борбордун жетекчиси Кадыр Маликов исламды туура жолго буруп, бул процессти мамлекет жөнгө салуу керек деген ойдо. Ал медресеге барган жаштардын көбөйүүсүнө бир канча факторлор тиешелүү экенин белгилейт.

- Медреседе, биринчиден, мектептегидей тоноо жана рэкет деген түшүнүк жок. Ал тарбия башка. Экинчиден, айыл жеринде, же шаарда болобу балдар ата-энесине, туугандарына жардам берүү максатында мектепке барбай базарларда же дагы башка иш кылат. Алар мектепке бара албай, жок дегенде медреселерден билим алууну көздөйт. Үчүнчүдөн, жаштардын көбү жан дүйнө боштугун толтуруу үчүн динди тандап алып жатышат. Ошондуктан мамлекет медреселерди жабууга шашпай, анын талапка ылайыктап түзүлүшүнө жардам бериши керек. Бул жакка мектептердеги сабактарды да киргизүү зарыл.

Пакистанда медреселерде миңдеген окуучулар анын жер төлөлөрүндө жашап, билим алышат экен. Алар медресе эмне тамак берсе, ошону жешет.
Көп эле медреселерде куран жаттатып, бир-эки хадис үйрөткөнү болбосо эч бир билим беришпейт.


Тажикстандын Пакистандагы элчиси Зубайдулло Зубаидовдун маалымат булактарына билдиргенине караганда, алар медреседен ак кездемеден кийим анан бир канча самын алышат. “Мына ушундай шартта дин боюнча кандай илим алат”, - деген З.Зубаидов.

Ал эми жергиликтүү адистер кыргыз бийлиги медреселерди модернизациялап, башка сабактарды киргизсе анда жакшы натыйжа алат деген пикирде. Эгер булар ишке ашса мамлекеттин, үй-бүлөнүн бекем болушуна алып келет дешет алар.

"Азаттыктын" архивинен: "Азаттык плюста" дин маселеси талкууланды

"Азаттык плюстун" 28-сентябрда обого чыккан кезектеги берүүсүндө дин темасы талкууланды. Жаштар арасында өз динин алмаштыргандар көп болуп жаткандыгы, Дин агенттиги эмдиги окуу жылынан тарта мектептерде “Дин тануу” сабагын киргизип жаткандыгы айтылды.

"Азаттык плюста" дин маселеси талкууланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:45 0:00

Ө. Текебаев: Бийлик тобокел механизмден баш тартты

“Ата Мекен” партиясынын лидери Ө. Текебаевдин баамында, президенттин убактылуу милдетин аткаруучуну Президенттик Кеңешме тандоого укугу жок деп чыгарган Контитуциялык Соттун чечими - бийлик тобокел чечимден өзү баш тартып жатканын билдирет.

-Конституциялык Сот Президент милдетин аткаруучу жаңы коллегиялык орган аркылуу аныкталыш керек деген сөздү айтты. Ал кандай орган болууга тийиш? Бул орган Конституцияда жазылыш керекпи?

- Конституциялык Соттун судьялары талкуулап жаткан кезде айтылгандай, элдин атынан президент жана эл тарабынан шайланган парламент гана сүйлөй алат. Президенттин убактылуу милдетин Жогорку Кеңештин өкүлү төрага, же болбосо эл шайлаган эки орган бирдиктүү түзгөн өкмөттүн башчысы гана кыска убакытта алып барышы мүмкүн. Мындан башка коллегиялуу орган түзүү, ал органдын табиятын өзгөртпөйт. Анткени эл түз шайлаган гана орган болуш керек.

Бул деген сөз алар өзү бул механизмден баш тартып калды дегенди билдирет. Анткени бул тобокел механизм, президент өзү жокто иштебей турган механизм, президент өзү жокто ака менен үкө, тага менен жээн мушташа турган механизм.
Президент аны Ынтымак курултайы аркылуу түзөм десе, же болбосо үй-бүлө мүчөлөрүнүн өкүлдөрү менен гана түзөм десе жаңылат. Бул коллегиялуу органдын табиятын өзгөртпөйт. Эң негизгиси эки ай мурун президент өзү киргизген нормасынын туура эмес экендигин Конституциялык Сот көргөздү. Бул деген сөз алар өзү бул механизмден баш тартып калды дегенди билдирет. Анткени бул тобокел механизм, президент өзү жокто иштебей турган механизм, президент өзү жокто ака менен үкө, тага менен жээн мушташа турган механизм. Мына ушул механизмди киргизип алып, кайрадан андан баш тарткандын айласын издеп отурушат.

-Өмүрбек мырза, сиз айткандай, төрага менен өкмөт башчыны андай укуктардан Конституциялык Сот ажыратып койду окшойт. Бул норма Конституциянын жетинчи статьясына каршы келет деп корутундусунда айтты. Бул кандай болот эми?

- Ал ажыраткан жок. Конституцияга өзгөртүү, түзөтүүлөр парламентте талкуу учурунда демилгечинин макулдугу менен өзгөрүшү мүмкүн дейт. Эми кайсы багытта өзгөрөрүн парламенттин талкуу убагында биз көрөбүз.

-Талкуулагандан кийин ал өзгөрсө, демек Конституцияга кайра жиберилиш керек да ал маселе, же референдумга коюлабы?

-Тилекке каршы, азыркы Конституцияга өзгөртүү, түзөтүү киргизүүлөр жөнөкөйлөтүлгөн. Мурун Конституцияга киргизилген норма талкуу убагында өзгөрбөйт эле. Азыр президенттин макулдугу менен талкуу камырдай болуп каалаган жагына өзгөртсө болот. Мына ушул жол менен өзгөртүшү мүмкүн. Бирок Жогорку Кеңеш аркылуу май айында кабыл алынып бүтөт. Президент өзү убада берген алты айдан четтеп, биз алты ай Конституциясы жок, Конституцияны бузуу жолу менен жашап калып отурабыз. Муну тез өткөрүү үчүн балким референдум жолу менен дагы Конституцияны кабыл алууга аракет кылып көрүүлөрү мүмкүн.

-Өмүрбек мырза, кечээ күнү сиздердин Бишкек шаардык Кеңешке талапкер кылып көрсөтүлгөн Ишенбай Кадырбеков 6 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Буга кандай баа берип жатасыз?

- Мен бул өкүмдү Исмаил Исаковго берген өкүмдөй эле саясатчыларды коркутуу амалы деп эсептейм. Ишенбай Кадырбековго коюлган негизги айыптоолор жокко чыгарылып, болгону шалаакылык дегенге окшогон статьялар коюлуп, жок дегенде алты жылга деп эркинен ажыратылды. Бул балким жакында боло турган парламенттик, же президенттик шайлоодо аттуу-баштуу адамдардын ага аралашпай калышына болуп аткан алдын ала амал болушу мүмкүн.

-Маегиңизге чоң рахмат.

22-январь: Тарых барактары

Леонид Брежнев

Кыргызстан Жогорку Советинин 1991-жылдын 22-январында өткөн III сессиясында Кыргызстан Республикасынын Министрлер кабинети туурасында мыйзам кабыл алынган. Советтер Союзунун жетекчиси Л. И. Брежневге 1969-жылдын 22-январында кол салуу болгон.

Орус саякатчысы Филипп Ефремовдун Орто Азияга арналган китеби 1794-жылдын бул күндөрү окурмандын колуна тийген. Саякатчы Бухара, Хива, Персия жана Индияга жасаган саякат маалындагы башынан өткөргөн окуяны саймедиреп, Ош менен Кашгар арасында кыргыздар жашай тургандыгын кабарлаган.

Кыргызстан Жогорку Советинин 1991-жылдын 22-январында өткөн III сессиясында президент Аскар Акаев парламентке Кыргызстан Республикасынын Министрлер кабинетин жаңы талапка жараша куруу туурасында сунуш киргизген.

Парламенттик талкуу натыйжасында, «Кыргызстан Республикасынын Министрлер кабинети туурасында» Мыйзам кабыл алынып, мамлекеттик башкаруу структурасы жана алардын кызмат милдеттери аныкталган.

Мыйзамда каралгандай мамлекеттик бийликке вице-президент кызматы киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктары белгиленген. Мыйзамдык өзгөрүү натыйжасында, жергиликтүү депутаттардын ыйгарым укуктары жана алардын милдеттери түп тамырынан өзгөртүлгөн. Жаңы министрлер кабинети туурасындагы мыйзамга жараша, премьер-министрлик кызматка - Насирдин Исанов, мамлекеттик катчылыкка - Турар Койчиев шайланышкан.

«Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз» аттуу ураан Кыргызстан калкынын I Курултайын 1994-жылдын 22-январь күнкү жыйынында көтөрүлгөн. Курултайга Кыргызстанда жашаган калктардын өкүлдөрү, саясий партия жетекчилери, коомдук ишмерлер чакырылып, анын ишине президент Аскар Акаев катышкан.

Курултайда сүйлөгөн мамлекет башчысы, азыркы Кыргызстан мамлекетин курууга мында жашаган калктардын өкүлдөрү жапырт катышкандыгын белгилеп, кыргыз өлкөсү жалпыга таандык деген идеологияны жыйын талкуусуна койгон. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы үчүн кош жарандык керек экендигин жана ал норманы Конституция аркылуу бекемделиш зарылчылыгын белгилеген.

Президент Аскар Акаевдин 2004-жылдын 22-январындагы Жалал-Абад облусунун коомчулугу менен жолугушуусу маалында, айрым адамдар мамлекет башчысынын бийлик мөөнөтүн узартуу жана ага Кыргыз Эл баатыры наамын ыйгаруу туурасында сунуштарын киргизишкен.

Фрунзе шаарынын «В. И. Ленин атындагы борбордук аянтында» бүткүл дүйнөлүк пролетарийлердин жол башчысынын урматына арналган В. И. Лениндин эстелиги 1948-жылдын 22-январында ачылган.

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Тышкы иштер министрлиги уюшулгандан кийин анын материалдык-техникалык базасы бир топ түйшүктөр менен чечилген. Мисалы 1954-жылы бекитилген республиканын штаттык жадыбалында тышкы иштер мекемесинде министрден тышкары эки гана адам эмгектенген. Алардын бири - министрдин жардамчысы болсо, экинчиси машинист-секретарь катары иш алып барган.

Кыргыз ССР Министрлер кабинетинин 1955-жылдын 22-январь күнкү көрсөтмөсүнө ылайык, Тышкы иштер министрлигинин бардык мүлкү Совминдин иш алып баруу Башкармачылыгы менен Илимдер Академиясынын балансына берилген.

Пётр I 1722-жылдын 22-январында Орусия Империясындагы бардык чиндер үчүн кызматтык баскыч киргизген. Мамлекеттик кызмат 14 чинге бөлүнүп, алардын жогорку баскычында мамлекеттик катчы турган. Императордук жардык менен бийлик адамдарына кайрылуу салты аныкталган.

Падыша Пётр I 1724-жылдын 22-январында мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдар менен жоболорду сөзсүз түрдө билиши керек деген жардык жарыялаган.

Дүйнөлүк тарыхта биринчи жолу социалисттик мамлекетти түптөгөн жана бүткүл дүйнөлүк пролетарийлерди бириктирүү идеясын туу туткан В. И. Ленин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу РКП Борбордук Комитети 1924-жылдын 22-январында совет элине кайрылган. Кайрылууда «Биз бутубуз менен жерде ишенимдүү турабыз. Чалдыбары чыккан Европада жумушчулардын бийлиги жаралып, биз гана келечекке ишеним менен караган жападан жалгыз өлкөбүз» деп айтылат.

ВКП (б) БК Саясий бюросунун 1929-жылкы чечими менен Октябрь революциясынын жетекчилеринин бири - Лев Троцкийди (Бернштейн) өлкөдөн чыгаруу маселеси каралган. Ушул эле жылдын 22-январь күнү Троцкий Л. Д. үй-бүлөсү менен машинага салынып, аскерлердин кайтаруусу менен Фрунзе станциясына алынып келген да, андан ары алар Москвага жөнөтүлгөн. Поезд Курск аркылуу Одессага келип, ал жерден Л. Троцкий «Ильич» пароходу менен Түркияга жеткирилген.

ВКП (б) Борбордук Комитети 1943-жылдын 22-январында «аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү багытында советтик органдар менен жергиликтүү партиялык уюмдардын ишин өркүндөтүү туурасында» Токтом кабыл алган.

Советтер Союзунун жетекчиси Л. И. Брежневге 1969-жылдын 22-январында кол салуу болгон. Эки тапанча менен куралданган 21 жаштагы Советтик Армиянын кичи лейтенанты Виктор Ильин милиция формасын кийип, КПСС Борбордук Комитетинин Башкы катчысы Л. И. Брежнев түшкөн машинага ок аткан. Кол салуудан машина айдоочусу көз жумуп, эскорттун мотоциклисти жарадар болгон. В. Ильин дароо кармалып, сотко берилген. Советтик соттун чечимине ылайык психикалык оорулуу деп табылып, психиатриялык ооруканага жаткырылган.

СССР Министрлер Кеңеши 1969-жылдын 22-январында Советтер Союзундагы жогорку окку жайлары жана атайын адистешкен орто окуу жайларынын иши туурасында токтом кабыл алган.

Салют-6 космос станциясы 1978-жылдын 22-январында «Прогресс-1» аталган биринчи жүк ташуучу космостук кемеге кошулган.

Мээнин жашы жүрөктөн чыккан кан болот

Исмаил Исаковго боштондук талап кылган каршылык акциялары, Президент чакырган Ынтымак курултайы гезиттердин башкы темасы болуп чыгып жатат.

“Ынтымак Курултайы биримдикти арттырат” деген аталышты коштоп, президент Курманбек Бакиевдин сүрөтүн 1-бетине баскан “Кыргыз туусу” гезити Бакиевдин Курултайды чакыруу жөнүндө телекайрылуусун жана Курултай боюнча чыгарган жарлыгын, жобосун, Ынтымак Курултайын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 15 кишиден турган курамынын тизмесин жарыя кылды.

Гезитте айтылуу нейрохирург Миталип Мамытовдун маеги окурмандарга сунушталган. Кырк жыл ичинде миңдеген адамдардын мээсине операция жасап, далайларды ажал оозунан алып калган атактуу академик Мамытов керек болсо мээ да ыйлап, кадимкидей көз жаш төгөрүн, көздүн жашы каректен чыккан суу болсо, мээнин жашы жүрөктөн чыккан кан болорун, мээ өтө кыйналганда же киши мас болуп катуу жыгылганда өзүн өзү жазалап да жиберерин... ошондо мээ жарыктык көпкөн камыр сындуу чанагынан ашып-ташып, жаракага, жикке бөлунүп... алтургай чачылып кетиши мүмкүндүгүн, ар бир мээ өзүнчө керемет, көйкөлгөн токой, чалкыган көл, тоо боорунан шылдарып аккан булакка окшош экендигин баяндап берген.

Ушул эле сандан таланттуу жазуучу Касым Кушубеков менен, Кокон хандыгынын тарыхын 34 жыл изилдеген казак окумуштуусу Тимур Бейсембиев менен кабарчылардын маегин, “Бата” деп аталган борбордун гезит бетиндеги талкуусун ж.б. окуй аласыздар.

“Кыргыз руху” гезити Айзада Авазованын “Эң таза мамлекеттик ишмер кылмышкер болдубу?” атуу макаласына орун берди. Журналист генерал И. Исаковдун Үзөңгү-Куушту балапанын коруган чымычыктай чырылдап коргоодогу жана Аксы окуясындагы жасаган опол тоодой иштерин элдин эсине салып: “ Бакиевдин айланасындагы башка чиновниктер эл байлыгын үйүнө ташыса Исаков өзүнө тиешелүү ырыскыдан элге ташыгандыгы үчүн шаардагы баласынын үйү жок, айылдагы ата-энесинин үйү жаңырбай турат. Кана кайсы министр ушундай социалдык абалда жашайт? Исаков жөн эле кургак чиновник эмес, улут үчүн жанын сабаган улуттук генерал. Эми ушундай мекенчил, чыныгы мамлекеттик ишмерди, элдик генералды кылмышкер катары камоо барып турган карөзгөйлүк эмей эмине? Биздин бийлик мыктынын мыктысын түрмөгө отургузду” деди.

Гезитте мындан тышкары журналист Азизбек Келдибековдун “Кыргыз саясатынын “кара магиясы” аттуу макаласын, ЖК депутаты Улугбек Ормоновдун “Сот саясый шоу үчүн чечим чыгарган жок” деген аталыштагы интервьюсу жана башка макалалар бар. “Акжолчу” У. Ормонов генерал Исаковду жакшы билерин, сот чечимин урматтоо керектигин, жөн эле ар кай жерден чыккан кишилерге жетеленип алып, ой жоромолдоп, элдин башын айланта берүү жарабай турганын, чыныгы укуктук мамлекет кургубуз келсе бардыгыбыз мыйзам чегинде жашап, мыйзам алдында бирдей жоопкер болушубуз керектигин айткан.

“Агым” гезити Адахан Мадумаров бүгүн-эртеңдерден күчүн бизнестен сынаганы калганын, ал жакында Бишкектин “Вета-Сторес” соода түйүнүнүн баш деректиринин тууруна конору, Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбеков шарттуу түрдө 6 жылга эркинен ажыратылганы, анын “Хундай”, “Ауди – 100”, “Ниссан- Максима” үлгүсүндөгү автоунаалары конфискацияланып, мамлекет казынасына 1 млн.113 миң сом төлөмөй болгону жөнүндө кабар таратты.

Журналист Олжобай Токтосуновдун “Кайра иштетүү тармагы качан мол болот?” деп аталган макаласында бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда айрым бир чакан ишканаларды эсепке албаганда мамлекеттик деңгээлдеги кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу талдоого алынган.

Автор агрардык университетте окуган таанышынын баласынын: “Казактар бизден банкадагы помидорду сатып алып, аны кетчуп кылып кайра өзүбүзгө 5 эсе кымбат кылып сатат экен” дегенин, канча жылдан бери карай Таластагы төө буурчакты түрктөр мекенине ташы кетип, аны кайра иштетип, Европага экспорттоп келатканын, тилекке каршы эмдигиче бизде буга карата программа жоктугун кейиш менен кеп кылган.

“Форум” гезитинин 3-саны жарыкка чыкты. Гезит Алмаз Темирбек уулунун “Башмыйзам кимге бак ачат?” аттуу макалага окурман көңүлүн буруп, анда Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жаңы долбоордун маани-маңызын чечмелеген.
Жаңы эле спикер болгон Зайнидин Курмановдун: “Пакистанды карап көрсөк, ал жерде деле үйбүлөлүк традициялар бар. Бхутто премьер-министр болгон, андан кийин эки жолу кызы болгон, кызы өлтүрүлгөндөн кийин анын күйөөсү президент болду. Польшада ага-инилер, бири президент, экинчиси премьер-министр болуп турду. Бизде ушундай болбош үчүн Конституцияга норма киргизилип жатат” деп айткан сөзүн мисал кылат автор макаласында.

Ушул эле гезитте “Биз Исмаил Исаков үчүн сизди колдоп бергенбиз” деген ат менен президент К. Бакиевге Чаткал элинин кайрылуу каты басылды. Катта чаткалдыктар Бакиевди депутат болорунда да, президент болорунда да генерал Исаков келип колдоп бергиле дегенининен улам колдоп бергенин ажонун эсине салып, Исаковду түрмөдөн бошотууну суранышкан. Катка Чаткал айыл өкмөтүнун 150 кишшиси кол койгон.

Парапсихолог, көзү ачык Мелис Карыбеков Асан Тегинин сандан санга жарыяланып келаткан баянынын аты бул жолу “Жыландын мүйүзү” деген ат менен жарык көрдү.

“Пресс kg” гезити баш макаласын “Каргаша” деген рубрика алдында “Гаити- Кыргызстан окшоштугу же ата-бала башкаруусу” деп атап: “Үйбүлөлүк башкаруу системасынын айынан Гаити өлкөсү экономикалык кризистен башы чыкпай, дүйнөдөгү эң бечара өлкөгө айланган. Мындай чабал өлкөдө курулуштар да жүрнарыга салынып эптеп-септеп, сапатсыз курулары белгилүү. Ошондон улам зилзалага туруштук бералбай жүз миңдеген адамдар кырылып калды” деп жазып, журналист Асылкан Шайназарова Гаити президенти менен Кыргыз президентинин жүргүзгөн саясатынынын окшоштугун баяндаган.

Гаити өлкөсүндө да репрессия жолу менен жасалма стабилдүүлүк түзүлүп, сөз эркиндиги, атуулдук эркиндик түп-тамырынан буулуп, профсоюз уюмдары жоюлуп, алардын лидерлери түрмөгө олтургузулганын, кийин атасынын ордуна 19 жаштагы баласы президенттикке келип, ал да саясый репрессияны күчөтүп, чет өлкөгө качкан качкындарынын саын 4 миңге жеткенин мисалдап, жакшы жашоо издеп Орусияга жана башка өлкөлөргө оогон кыргыздарды, оппозицияга жана мээсинде башканын эмес өзүнүн ою бар адамдарды кыргыз бийлигинин куугунтукка алып жатканын кеп кылган.

“Эмнеси болсо да, Жараткан бөөдө кырсыктан алыс кылса экен!” деп жыйынтыкка келет аягында автор.

Ушул эле басылма “Пиррдин жеңиши” деген макаланы сунуш кылды. Анда минтип жазылат: “Журналист Г. Павлюктун өлүмүнүн айланасындагы окуялар президенттин “үйбүлөлүк” кланындагы ичара тирешкен эки топтун таймашына да өзгөртүү киргизиши мүмкүн. Учурдагы саясый кырдаалга баам салып, Максим Бакиев башында турган “космополиттер” тобу Жаныш Бакиев жетекчилик кылган “традиционалисттер” тобунун үстүнөн жеңишке жетишип, өлкөдөгү бүт бийликти колго алды деген бүтүм чыгарган элек” деп белгилеп, Максим Бакиев Кытай сапарында өзүнүн мыйзамсыз ээлеген кызмат даражасынын статусуна карабай өзүнөн даражасы чоң мыйзамдуу жетекчилерди “мурдунан жетелеп” жүргөнүн, “ханзаада” Бакиев президент Бакиев кол койгон мыйзамдарды да, эларалык протоколдорду да уруп ойнобогондугун, албетте Максим Бакиев башында турган “космополиттердин” бул жеңиши тарыхта айтылуу “Пиррдин жеңишин” эске салып, Жаныш Бакиевдин командасына кошумча упай топтоп жатканын кыйытты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG