Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 14:36

Кыргызстан

Кыргызстанда өндүрүлгөн азыктар Ооганстанга өтөбү?

Ишкерлер Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүк жана башка товарлар Ооганстанды калыбына келтирүүдө пайдаланылса жакшы болмоктугун белгилешүүдө.

Дүйнө өлкөлөрү Ооганстандагы саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн 140 млн. доллар бөлө турган болду. Буга байланыштуу Транзиттик борбор орун алган Кыргызстандын ишкерлери ооган элин азык-түлүк менен камсыз кылууга чоң салым кошо алат, деген пикирлер айтыла баштады.

Транзиттик борбордогу аскерлерге жана Ооганстанга кыргызстандык ишкерлердин товарларын сатуу демилгесин көптөн бери Кыргызстан аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева да көтөрүп келе жатат. Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул тууралуу Транзиттик борбордун жетекчилиги менен бир катар сүйлөшүүлөр да болгон, натыйжасы жемиштүү:

-Ушул тапта Транзиттик борбордогу аскерлерге “Таттуу” кондитердик комбинатынын азыктары жеткирилүүдө. Мындан тышкары кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн колунан жаралган уз буюмдар да сатылып жатат. Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Чүйдө өстүрүлгөн жашылча-жемиштерди да сатып алып жатышат. Биз АКШ конгресси чечим кабыл алгандай Ооганстанга жардам иретинде берилүүчү товарлардын Кыргызстандан алынышына жетишүүго аракет кылып жатабыз. Бул биздин ишибиздин жана сүйлөшүүлөрүбүздүн 3-баскычы. Дагы айтат элем, Кыргызстандагы ишканалар тарабынан чыгарылган курулуш материалдарын да Ооганстандын кыйраган шаарларын калыбына келтирүүдө колдонууга толук мүмкүнчүлүк бар. Бул үчүн биздин ишканалар тендерге катышып, товарларынын сапатын көрсөтүшү керек экен. Бул жергиликтүү ишкерлер үчүн өтө урунттуу учур.

Ишкерлердин белгилөөсү боюнча, Транзиттик борбор аркылуу Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын Ооганстанга сатылышы – жергиликтүү ишкерлердин дүйнөлүк стандарттар менен иш алып баруусуна жана өндүргөн товарынын сапатын жакшыртышына дагы чоң өбөлгө түзмөк.

Сапат демекчи өткөн жылы күзүндө Транзиттик борбор жергиликтүү ишкерлер үчүн бизнес-семинар өткөргөн. Анда Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды америкалык аскерлер жана Ооганстандын элине сатуу үчүн жогорку сапатта болушу талап кылынары айтылган.

Ошондо аталган борбордун жетекчисинин орун басары Томас Жойс Транзиттик борбор Кыргызстандагы ишканалар менен тыгыз кызматташтыкта болууну кааларын “Азаттыкка” билдирген эле:

- Биз Кыргызстандык ишкерлер менен кызматташтыгыбызды тереңдетебиз. Келечекте алардын өндүргөн азык-түлүктөрү, көрсөткөн тейлөө кызматы Транзиттик борбордун Ооганстандагы күчтөрү үчүн да пайдаланылат.

Бизнес-семинар өткөрүлгөндөн бери үч айдан ашык убакыт өттү. Азырынча бул кызматташуунун жыйынтыгы, кандай ишкерлер тендерге катышканы тууралуу маалымат жок. Транзиттик борбордун маалымат кызматы бул боюнча кийинки жумаларда кабарлай аларын билдирүүдө.

Өткөн жылы “Манас” эл аралык аэропортуна АКШнын Транзиттик борборун жайгаштыруу боюнча кыргыз-америка өкмөттөр аралык келишиминде борборду керектүү товарлар менен камсыз кылуу, ар кандай кызмат көрсөтүү иштерин кыргызстандык ишкерлер менен жүргүзүү тууралуу шарттар көрсөтүлгөн.

Ошентсе да айрым кыргызстандык ишканалар антитеррордук коалициянын “Манас” аскер базасы турган учурда эле булар менен кызматташа баштаган. Булар негизинен базаны жууп-тазалоо жана курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүп келишкен.

Алардын бири “Имарат строй” курулуш компаниясынын жетекчиси Данияр Иманалиевдин айтуусунда, америкалыктар жергиликтүү ишкерлер өндүргөн азык-түлүктү алуудан этиеттенген учурлар бар, ошол үчүн аларга өндүргөн товарынын сапатын дүйнөлүк стандартка тууралоо талабы коюлууда:

- Чындыгында дүйнөлүк сапат биздин жергиликтүү ишкерлер сунуштап жаткан азык-түлүктүн сапатынан кыйла жогору турат. Мисалга алсак, тамак-аш жагынан эт азыктарын даярдаган жерлер эле алардыкына салыштырмалуу бир топ төмөн. Эгерде америкалыктар бизден эт алууну көздөп, ошол эт даярдалган же башкача айтканда мал союлган жерди барып көрөбүз дешсе, аларга көрсөтө турган жарытарлык бир касапканабыз жок экен. Алардын ошол эле мал сойгон жериндеги нормаларга салыштырсак, биздеги касапканалардын бирөө да жооп бербейт.

Данияр Иманалиев кыргызстандык ишкерлер Ооганстандагы кырдаал турукташса, андагы кыйрап калган курулуштарды калыбына келтирүүгө да көмөктөшүүгө мүмкүнчүлүктөрү бардыгын кошумчалады.

Конституцияны "Коконституцияга" айлантуу...

Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча тездик менен келаткан жараян токтоп калды. 26-январда комитетте, 27-январда фракцияларда каралып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгууга буйрулган Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоор эмнеге келип такалды?

Конституцияга өзгөртүү жана кошумчалар киргизүү боюнча аракеттер бир туруп ылдамдап, бир туруп токтоп калууда. Маселен, өткөн жылы октябрь айында башталган президенттик башкаруу системасындагы өзгөрүүлөрдөн кийин Конституцияны ага ылайыктоо аракети ылдамдатылган жок.

“Ата Мекен” социалисттик партиясы Президент 20-октябрдан кийинки жардыктары менен Конституцияны бузду деп, Конституциялык
сотко арыз менен кайрылгандан кийин гана бийлик кыймылга келди.

14-декабрда Президент Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жолдоду. Парламент маселени дароо карап, корутунду алуу үчүн долбоорду 17-декабрда Конституциялык сотко жөнөттү. Үч айдын ичинде кароого мүмкүнчүлүгү бар Конституциялык сот жаңы жылдык майрамдардан кийин көп узабай, 21-январда корутундусун чыгарып берди.

Конституциялык сот өзгөрүүлөрдү толук колдоп, болгону 52-беренеде каралган Президентик кеңешме Президенттин милдетин аткаруучуну аныктайт деген сөздү өзгөртүү ылайыктуу болорун айтты. Өз кезегинде Жогорку Кеңештин комитети ал сөздү “Мамлекеттик кеңеш” менен алмаштырууну сунуштады. Бул сунуш президенттин мыйзам долбоору боюнча расмий өкүлү, юстиция министри Курмантай Абдиев тарабынан колдоого алынды.

Жогорку Кеңеш 28-январда долбоорду биринчи окууда кароосуна баары даяр болду.

Бирок маселе белгисиз себептер менен токтоп калды. Бул арада Социал-демократиялык фракция "Президентик кеңеш" деген сөздү "Мамлекеттик кеңеш” менен алмаштыруу мүмкүн эместигин, анткени Мамлекеттик кеңеш аттуу орган Кыргызстанда 2006-жылы эле президенттин жардыгы менен түзүлгөнүн билдирип чыкты.
Бул жерде маселе жок. Мамлекеттик кеңештин жол-жобосу, ыйгарым укуктары такталыш керек.
У. Ормонов

“Ак жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормонов Президенттин мыйзам долбоорунун парламенттин күн тартибине кирбей калышын, Мамлекеттик кеңешти түзүү маселесин мындай түшүндүрдү:

- Болгону күн тартибине кире элек болчу. Күн тартиби биринчи күнү төраганын жыйынында каралат. Ал жерде маселе жок. Менин оюмча, биринчи окуудан кийин үч ай убакыт болот. Ошол учурда баары такталыш керек. Мамлекеттик кеңештин жобосу, ыйгарым-укуктары.

Улукбек Ормонов ошондой Мамлекеттик кеңеш жөнүндөгү жардыкты жокко чыгаруу жеңил экендигин кошумчалады.

“Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиев ушундай пикирин билдирди:

- Мыйзамга ылайык жол-жоболору бар. Ошону кармаш керек. Эч кандай маселе жок.

Ал эми “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Президенттик кеңешти" "Мамлекеттик кеңеш" деп атоо, мыйзамдын ыкчам каралбай калышына карата мындай пикирин айтты:
Атын өзгөрткөнү менен Президенттик кеңешме эле болуп калып жатбайбы. ..Ө. Текебаев

- Менин көз карашым боюнча, аты өзгөргөнү менен маңызы өзгөргөн жок. Анткени Мамлекеттик кеңеш Жогорку Кеңештин төрагасынан, Өкмөт башчысынан жана Президенттик кеңешменин мүчөлөрүнөн турат деп, эски эле курам калды. Төрага менен Премьер-министр кызматы боюнча Президенттик кеңешменин мүчөсү. Атын өзгөрткөн менен Президенттик кеңешме эле болуп калып жатпайбы. Балким, бул бышпаган, чийки чечим экени ачык болуп калган. Конституциялык соттун сунушу менен атын өзгөрткөн менен заты, курамы өзгөргөн жок. Балким жаңы формаларын, чечүүнүн жаңы жолдорун издеп жатышкандыр.

Кыргызстандын акыркы президенттери Жогорку Кеңештин төрагасы жана Өкмөт башчыдан атаандаш, тизгин талашуучуларды көрүп,
ошого жараша кадрдык, саясий чечимдерди кабыл алып келатат. Маселен, Аскар Акаев мына ушундай өңүттөн улам Николай Танаевди өкмөт башына алып келген. Игорь Чудинов да ушундай эле себептер менен өкмөт башчылыгына коюлган.

Бул эки кызматтын башындагы адамдар биринчиликти талашпашы үчүн атайын мыйзамдык тосмо коюуга, ошол эле учурда кокустук болуп кеткен учурда бийлик тизгинин өз жакындарынын колуна өткөрүп берүүгө азыркы бийлик катуу аракет көрүүдө.

Муну оппозиция Кокон хандыгынын учуруна кайтуу, Конституцияны "Коконституцияга" айлантуу аракети катары баалап жатат.

Г.Султаналиева: Мектептеги кылмыштуулук менен күрөшүү керек

Мектептеги кылмыштуулук тууралуу “Азаттыкка” Коммунисттер фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжамал Султаналиева маек курду.

- 28-январда Бакай-Ата районунда Саадабай уулу Нурактын өлүмүнө тиешеси бар деп соттолуп жаткан 6 бала мектепте “чоң муштум” кылып жүрүшкөнүн сотто мойнуна алгандыгы кабарланды. Бул чуулгандуу көрүнүш айрым фактыбы, же мектеп рэкетчилиги системага айланып калган опурталдуу көрүнүш болуп калдыбы?

Гүлжамал Султаналиева: Бүгүнкү күндө өтө кейиштүү көрүнүш. Бирок чынында мектеп рэкети күнүмдүк турмуштагы окялардай эле болуп калды.

- Ал менен кантип күрөшүү керек?

Гүлжамал Султаналиева: “Рэкет маселеси эмнеден көтөрүлүп атат? Эмне үчүн бүгүнкү күндө биздин жаштар мынчалык бири-бирине мыкаачылык менен мамиле жасап калды” деген суроолорго жооп беришибиз керек. Мен бул маселени дайыма көтөрүп жана айтып жүрөм.
Ачыкка чыгарып, чынында өтө зөөкүрлөргө да чекесинен жаза бербесек бул токтобойт.


Бүгүнкү күндө балдардын бири-бирине жасап аткан мамилеси көбүнчөсү чоңдордун бири-бирине жасаган мамилесин кайталап атат деп ойлойм. Мен Таласка барып, балдар менен жолугушканда ошол эле Таластын балдары биздин мектепте расмий рэкет бар: биздин мугалимдер ата-энелерибиздин биз аркылуу кыйнап, акча алат деп айтышты.

Мен Таласка барганда Нурактын ата-энеси, дос балдары менен жолуктум. Бүгүн аларга жергиликтүү бийликтин да, мектеп директору, завучтардын да кысымдары болгон. Ошого карабастан соттун аягына чейин чыкканы үчүн мен балдарга жана Нурактын ата-энесине ыраазычылык билдиргим келет. Себеби мен алар менен сүйлөшкөндө “биздин балабыз өтүп кетти, бирок башка балдар биздин балабыздай болур кандайдыр бир кокустукка учуруп калышпаса экен” деген ойлорун айтышкан.

- Бул окуялардын себептерин атадыңыз, ошого каршы кантип күрөшүш керек?

Гүлжамал Султаналиева: Көп жылдар боюнча ушуга чейин рэкет маселесин көтөргөндө бул маселени эң биринчиден мугалимдер жашырып келген. Себеби алар кандайдыр бир тартип жазасынан коркуп келишкен. Бул маселени биз ачык айткандан коркконбуз. Бирок бүгүнкү күндө ачыкка чыгаргандан коркуп атып, Бишкекте рэкет маселеси боюнча изилдөө жүргүзүлгөндө рэкет маселесинин үчтөн бир бөлүгү кылмыш дүйнө менен байланышы бар деген расмий статистика чыккан. Бул да өтө коркунучтуу.

Өткөн жылы бизде Коопсуздук кеңеши бар кезинде рэкет маселеси ошол жерден да көтөрүлүп, каралган. Мен ойлойм, бүгүнкү күндө биз жалпыбыз биригип, коомчулук менен ушул маселеге тикебизден тик туруп, болгон маселенин бардыгын ортого коюп, ачыкка чыгарып, чынында өтө зөөкүрлөргө да чекесинен жаза бербесек бул токтобойт.
Бүгүнкү күндө балдардын бири-бирине жасап аткан мамилеси көбүнчөсү чоңдордун бири-бирине жасаган мамилесин кайталап атат.


- Парламентте кандайдыр бир аракеттер барбы?

Гүлжамал Султаналиева: Бүгүнкү күндө парламентте убактылуу депутаттык комиссия иштеп жатат. Мен да ошол комиссиянын мүчөсүмүн. Биз Кыргызстандын аймактарынын бардыгын кыдырып, эл менен жолугуп, рэкет маселесин изилдеп жатабыз.

Жакында, февралдын экинчи жарымында, биз рэкет маселеси боюнча тегерек үстөл жана парламенттик угууларды өткөрөбүз. Марттын биринчи күндөрүндө биз рэкет маселесин пленардык отурумга чыгарганы турабыз.

- Рахмат сизге.

Т. Тургуналиев: И. Исаков акталмайын ачкачылык акциясы токтобойт

Бишкектеги ачкачылык акциясынын катышуучулары

Мурдагы коргоо министри, оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаковду камактан бошотуу талабы менен 12-январда башталган ачкачылык акциялары уланууда. Ачкачылык жарыялагандардын башында турган Саясий тутукундарды коргоо комитетинин жетекчиси Топчубек Тургуналиев талаптар аткарылмайын акция токтобосун айтат.

- Топчубек мырза, ачкачылык акциясы башталганына бүгүн 17 күн болуп калыптыр. Дагы канчага созулушу мүмкүн бул акция?

- Бул саясий ачкачылыкты жарыялагандардын 3 талабы бар. Биринчиси, кандуу диктатураны, саясий репрессияны токтотуу. Экинчиси, И. Исаков жана башка саясий туткундарды толугу менен актоо. Үчүнчүсү, нааразылык билдирген алайлык, сопукоргондуктарга бийлик ушул күнгө чейин күч колдонуп, алардын конституциялык укуктарын тепселеп келатат, ошолорду токтотуу.

Ал эми Исмаил Исаков жөнүндө биз апелляциялык арызды Жогорку аскердик сотко бердик. Эгерде ал сот И. Исаковду толугу менен актай турган болсо, анда мүмкүн биз саясий ачкачылыкты токтотобуз. Ага чейин биз токтотпойбуз. Ал эми эгерде И. Исаковду толук актабаса, анда саясий күрөштүн башка жолдоруна, башка түрлөрүнө дагы өтүшүбүз мүмкүн.

- Айтсаңыз, азыр ачкачылык кармагандар кандай эреже менен кармап атышат, анан алардын саламаттыгы кантип атат?

- Саламаттыгына караганда биз денедеги негизги үч жерди текшертип атабыз дарыгерлерге, башын, ашказанын, жүрөгүн, кан басымын. Биздин өзүбүздүн ишенимдүү даргерлерибиз бар, мурда Ташболот Балтабаев эле, ал чет өлкөгө кеткенине байланыштуу азыр Сырга деген келин келип атат, Оморбай Нарбековдун медициналык борборунан. Ал эми ден-соолугу кескин начарлап баратат делгендерди биз үйүнө жиберип атабыз. 12-январдан ушул күнгө чейин ачкачылык жарыялагандардын жалпы саны 60тан ашып кетти. Сопу-Коргондо И. Исаковдун 85 чыккан апасы баштап он киши отурат. Кечээ күнү 3 киши токтотуп, кайра үч киши кошулду. Ал эми Бишкекте болсо 7 киши, эми бүгүн-эртең дагы 5-6 киши кошулабыз деп туш-туштан телефон чалып атат.

- Бийликтен кандай мамиле болуп атат?

- Сопу-Коргондо, Бишкекте саясий ачкачылык жарыялангандардын атынан президент Бакиевге үч талапты койгонбуз. Ушул күнгө чейин бийликтен бир да киши үн чыгарып, биз менен байланышкан жери жок. Ал эми мен Ички иштер жана Саламаттыкты сактоо министрликтерине 12-январда эле кат жазгам. Алардын адамдары келип атат, биздин ден-соолугубузду текшеришип, анан коопсуздугубузду карап жардам берип атышат. Биз аларга ыраазыбыз.

- Рахмат маегиңизге.

БЭК маалымат жыйынын өткөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

Сыналгы сырлары жана анын балдарга таасири

Адистер сыналгыдан көрсөтүлгөн түрдүү коркунучтуу тасма, же маанисиз баш аламан мультфильмдер, компьютердик оюндар өспүрүмдөрдүн ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатканын айтышууда. Соңку мезгилде балдар арасындагы ашкере салмак, аутизм, көздүн көрүүсүнүн начарлоосу, рак жана диабет ооруларынын, жыныстык жактан эрте жетилүү көп кездешип жатышына бир гана ушул сыналгынын таасири тийип жатканын эл аралык окумуштуулар да иликтеп чыгышкан.

Үч жаштагы Медина апасы Айпери жана атасы Марат менен чогуу коркунучтуу, кан соргучтар жөнүндө тасма көрөт. Ата-энеси болушунча көрсөтпөй, көзүңдү жум дегенине карабай, Медина манжаларынын ортосунан болсо да шыкаалап тасманы көргөнгө аракеттенет.

Медина бала бакчага барат. Кечкисин ушинтип үйдөгүлөр менен чогуу түрдүү берүүлөрдү көрүп калат. Анын апасы Айпери кээде балдары үчүн айрым кино жана көрсөтүүлөрдөн баш тартканга туура келерин айтат. Бирок ошол эле маалда Айпери балдарга арналган жакшы көрсөтүүлөр болбогонуна токтолуп, “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Биз балдардын сыналгы көрүшүнө көзөмөл салабыз. Балдардын аң-сезимин өстүргөн оюнчуктар менен ойнотконго аракет кылабыз. Бирок азыркы жаш балдар улуулардан кем калбай, кино көрөм деп талашат. Андан сырткары коркунучтуу тасмаларга абдан кызыгышат. Мультфильмдердеги каармандарды жаттап алып, ошону көрөм деп ыйлаганда, айла жок коюп беребиз. Балдарга арналган жакшы, кызыктуу көрсөтүүлөр жокко эсе.

Сыналгыга караганда жандуу сүйлөшүү артык


Жакын арада эл аралык адис, окумуштуулар “Биоложист” журналына бир канча убакыттан берки иликтөөлөрдүн топтомун жарыялаган. Анда соңку мезгилде балдардын семирип кетүүсү, аутизм, б.а. акыл-эстин бузулушу, диабет жана башка толгон-токой ооруларга дал ушул телевизордун таасири тийип жаткандыгы айтылган.
Алар өздөрүн ошол тасмадагы каармандардай сезишет. Башы, көзү ооруган балдар көбөйдү.


Кыргызстандагы балдарды өнүктүрүү боюнча “21-кылым” аттуу борбордун жетекчиси, психолог Ольга Демидова да ушул пикирлерди толуктап, азыркы балдардын арасынан агрессивдүү маанайда жүргөндөрү арбын экенин айтат.

Анын айтымында, балдарга ымыркайынан эле бардык нормаларды үйрөтүү зарыл. Анын ичинде ошол эле сыналгы көрүүнүн убактысы жана көрсөтүүлөрдүн нормасы да кирет.

- Балдар үчүн акыл-эсин өстүрө турган мультфильмдер, жаратылыш, жаныбарлар тууралуу кызыктуу, эң негизгиси пайдалуу көрсөтүүлөрдү көрүү ашык болбойт. Булар, тескерисинче, балдар үчүн пайда. Бирок, тилекке каршы, акыркы кездерде агрессияны жараткан мультфильмдер да көбөйдү. Алар балдардын тынчын алып, уйкусу бузулат, гиперактивдүү боло баштайт. Балага бир күндө үч маал, жарым сааттан көргөнгө уруксат деп ойлойм. Ошондо да кандай көрсөтүүлөрдү көрүп жатканын көзөмөлдөө зарыл.

Адистер балдар эле эмес, улуулар да телевизорду эки жарым, үч метр аралыкта көргөнү жакшы дешет. Педиатр Айзат Уметалиева сыналгы көп көргөн балдардын өз алдынча ой жүгүртүүсү начарлай тургандыгын белгилейт. Анын айтымында, акыркы убактарда башы, көзү ооруп кайрылган өспүрүмдөрдүн саны көбөйүүдө:

- Көп көргөн балдар мага келгенде эле байкалат. Негизинен алардын жини чукул, тынчы жок, өздөрүн бир орунга кое алышпайт. Алар өздөрүн ошол тасмадагы каармандардай сезишет. Башы, көзү ооруган балдар көбөйдү. Көзүнүн ичи кызарып кеткенге чейин көрүшөт, анан доктурга келишет.

Шаар тургундары эмне дешет?

Салика Ибраева: Пайдалуусу болсо эмнеге көрбө деп айталы. Негизгиси өз убактысы менен көрсүн. Жакын отуруп көрбөгүлө, көзүңөр ооруйт деп айтабыз. Андан сырткары туура эмес нерселерди көргөндө кичине балдар жасайбыз деп аракет кылат экен, туурайт экен. Ошондойлорду көрсөтпөш керек.
Азыр ал эмес мультфильмдер уяттуу чыгып атат. Балдар телевизордон көргөн нерсесин кайталап жатпайбы.


Элвира: Телевизорду мүмкүн болушунча азыраак көрүш керек. Балдарга тыюу салбасаң эртеден кечке деле көрүп отура беришсе керек. Ошондуктан башка жумуштарда калып калат да.

Гүлнура: Албетте ден соолукка зыян. Бирок телевизорду бир маал көргөнгө мүмкүн да. Коркунучтуу, уяттуу кинолорду көрсөтпөш керек. Азыр ал эмес мультфильмдер уяттуу чыгып атат. Балдар телевизордон көргөн нерсесин кайталап жатпайбы.

Балдарды жакшы иштерге үндөгөн тасмалар кайда?
ЮНЕСКО
жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, азыркы балдардын 95% жумасына 28 сааттык убактысын “кара жашиктин” алдында өткөрөт экен. Бул деген бир күндө 4-5 саат телевизор көрөт дегендик.

Ошондой эле иликтөөлөр дүйнө жүзүндөгү балдардын 25% сүйлөө жөндөмдүүлүгү начарлаганын аныктаган. Бул көрсөткүч 1970-жылдары 4 гана пайызды түзгөн экен. Ушул маселени иликтөөгө алган окумуштуулар мунун негизги себеби ата-эне же дагы башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн бала менен жандуу сүйлөшүүнүн жоктугунан деген тыянакка келишкен.

Жергиликтүү серепчилер келечек ээлери болгон балдар үчүн мамлекет кам көрүп, кескин иш-чараларды өткөрүүнү да сунуш кылып жатышат. Антпесе келечекте өз оюн ачык билдире албаган, айтканды гана жасаган, б.а. робот сыктуу адамдардын мууну чоңоюшу ыктымалдыгын белгилешүүдө.

"Азаттыктын" архивинен: Баткендеги жайкы эс алуу: көчө, көлмө, өрүк

Баткенде балдардын жайкы эс алуусу өрүк терүү, көлмө же агын сууларга чөмүлүү менен чектелет. MiT, SA.

Баткендеги жайкы эс алуу: көчө, көлмө, өрүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00

Петровка окуясы боюнча сот: 200дөн ашык күбө бар

Сүрөттө: Эркин Бөлөкбаев

Петровка соту бүгүн да уланууда. Бул аралыкта 100дөн ашык күбө сотто көрсөтмө беришти. Адвокаттардын болжолу боюнча Петровка соту дагы 3- 4 айга созулушу мүмкүн.

Петровка окуясына тиешеси бар деп тогуз айдан бери абакта отурган жубайлар К.Куляшов менен Э. Маматканова 22-январдан тарта абакта ачкачылык кармап жатышкан. Алардын негизги максаты баш коргоо чарасын өзгөртүүгө байланыштуу болгон эле. Бирок бир аптанын ичинде тиешелүү тарап абакта ачкачылык кармап жаткан жубайларга көңүл бурган эмес. Акыры ден соолуктарынын өтө начарлап кеткендигине байланыштуу алар 28-январь күнү акцияны токтотушту.

28-январда Петровка сотунда 13 күбө көрсөтмө берип, алардын 12си айыпталып жаткандарды күнөөсүз деп аташты. Бирок сотто көрсөтмө бергендердин ичинен К. Орозалиев аттуу тургун абактагы К. Хасанов менен К. Куляшовдун ок атканын көргөнүн белгилеп өттү. Бирок сот залында отурган жабырлануучулардын бири Жамилия Алиева күбөнүн өзүн төмөндөгүдөй негизде айыптап өттү:

- Мен К. Орозалиевди өзүм көргөм, ал күрт улутундагылардын үйлөрүн талкалап жүргөндөрдүн бири. Эмне үчүн бул адам сот жообуна тартылбай жүрөт?

Буга чейин Петровка окуясы аймактагы эт саткандардын өз ара талашынан чыккан деген сөз айтылып келет. Кечээ сотто көрсөтмө берип, сот залындагы жабырлануучулар арасында нааразылыкты жараткан К. Орозалиев да аймактагы этчилердин бири болоорун сурак берип жатып өзү тастыктады.

Адвокаттар болсо соттук териштирүүнүн көпчүлүк учурда создуктурулуп же кечигип башталып жаткандыгын сот төрагасы Ф. Марлестин жоопкерчиликсиз мамилеси деп баалап жатышат. Адвокат А. Бекназаров:

- Петровка соту башынан эле саясий сот экенин далилдеп келе жатат. Азыр ар кандай себептер менен сот отуруму үзгүлтүккө учурап, өткөн бир катар сот отурумдарында күбөлөр такыр эле келбей калып жатты. Ал эми бул аралыкта 320 күбөнүн 100ү гана сотто сурак берди. Көбүнчөсү баштагы көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, алгачкы көрсөтмө жасалма жол менен коркутулуп жаздырылганын ачыктап жатышат.

Бирок мурдагы сот отурумдарына караганда соңку бир аптадан сотто көрсөтмө берген күбөлөрдүн саны көбөйдү.

"Азаттыктын" архивинен: Петровкадагы жексур кылмышка каршы толкундоо

Чүйдүн Москва районундагы Петровка айылынын тургундары 27-апрелде чогулуп, тестиер кыздын зордукчусун айоосуз жазалоону жана жекшембиде кармалган айылдаштарын бошотууну талап кылышты. Милиция шектүү кишини камакка алганы кабардалды.

Петровкадагы жексур кылмышка каршы толкундоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:49 0:00

“Эл ырчысы Эстебес” тобу концерт берет

29-январда Улуттук филармонияда “Эл ырчысы Эстебес” тобунун концерти өтөт. “Казынаны казганда” аттуу бул концертте өнөрпоздор улуттук аспаптардын коштоосунда эски чыгармалардан тартуулашат.

Кечени төкмө акындар Аалы Туткучев менен Азамат Болгонбаев башынан аягына чейин айтышуу жолу менен алып барышат. Топтун көркөм жетекчиси Аалы Туткучев билдиргендей программа өзгөчө болот.

- Мурда Нуржамал Табалдиеванын жалаң комуз чертип, Мыскалдын ырларын ырдап келген болсо, бул жолу тай туяк кагып ырдайт, Гүлгакы Сагындыкова болсо ансамблге кошулуп, ооз комуз ырдайт, буга чейин жамакчылык менен аракеттенип келген мени шылдырак кагып ырдаганымды көрөсүңөр.

Топтун ырчыларынын бири, элге “Мөлмөлүмдү” ырдап таанылган Малик Аликеев программада угармандардын мүдөөсүн канааттандыра турган ырлар бар экендигин айтып, ал чыгармалар менен катар кечеде “Мөлмөлүм” аттуу ырын сөзсүз аткарарын кабарлады:

- Бул “Эл ырчысы Эстебес” тобу деп аталып жаткандан кийин устатымдын андалеги албетте ырдалат, ошол мөлмөлүмдүн деңгээлинде болбосо да, ошол ырга эриш-аркак болгон жакшы композицияларды тартуулайбыз. “Бар болгун, бажырайган карындашым”, “Көңүл оту” деген ырлар бар.

Кеченин көрөрмандары ошондой эле дагы бир жаңылыкка күбө болушат. Башкача айтканда концерттен көп ойнолбой, унутта калып бара жаткан улуттук аспаптарды көрө алышат. "Мына ошол аспаптардын коштоосунда биздин ырлар жаңырат" деп билдирди “Эл ырчысы Эстебес” тобунун ырчысы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нуржамал Табалдиева:

- Кыргыздын элдик туяк, шылдырак деген аспаптарын кошконбуз. Ошону менен бирге ырдалбай калган эски ырлардан жана жаңы чыгармалардан тартуулайбыз.

Мына ушундай жаңылыктар менен коштолгон концерт эки саатка болжолдонууда. Аалы Туткучевдин айтымында, эгер көрөрмандар жакшы колдоп берсе кеченин убактысы узарып деле кетиши мүмкүн.

- Биздики алдын-ала жаздырылган, же фонограмма менен өткөн концерт болбогондуктан, эл жакшы кабыл алса узакка деле созуп кое беребиз.

Кечеде “Эл ырчысы Эстебес” тобуна жаңы кошулган Алтынбек Каленов жана Турдукан Сарбанова аттуу жаш таланттар да өнөрлөрүн тартуулашат. Алар комуздун коштоосунда алым-сабак айтышат. Ал чыгармада учурдагы өтө көйгөлүү болгон, аялдар менен эркектердин ортосунда чыккан маселелер айтылат.

“Эл ырчысы Эстебес” тобу бир жылда үч-төрт ирет концерт берип турат. Бирок программалар бири-бирине окшобойт жана комерциялык багытты көздөбөй тургандыгын айтат топтун көркөм жетекчиси Аалы Туткучев. Аталган топ жаздан тарта дубандарды кыдырып, элет тургундарына концерт берүүнү көздөшүүдө.

Жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды

Москвадагы көркөм театрда “Биздин Чехов” аттуу кече өттү

Кыргыз-Артекс көркөм өнөр борборунда бул аптада жаш сүрөтчүлөргө арналган сынактын жыйынтыгы чыгып, сыйлыктарды тапшыруу салтанаты болду.

Уюштуруучулар кабарлагандай сынакка жалпысынан 15 жаштан 28 жашка чейинки улан-кыздардан 450 иш келип түшкөн. Ал эми калыстар тобу алардын арасынан 8 эмгекти сыйлыкка татыктуу деп тандап алган.

Жаш акын Эркинбек Шейшенбаев Жоомарт Бөкөнбаев атындагы республикалык адабий сыйлыкка татыды. Бул туурасында “Нурборбор” чыгармачылык бирикмесинин жетекчиси Нурлан Калыбеков кабарлады. Анын айтымында, сыйлык ээсинин алгачкы ырлары 2001-жылы чыккан жаш акын-жазуучулардын жыйнагында жарыяланган.

Апта соңунда Улуттук филармонияда “Эл ырчысы Эстебес” тобунун солисттери концерт беришти. Анда келген көрүүчүлөр акындардын айтышына жана кыргыздын улуттук аспаптарынын коштоосундагы чыгармаларга күбө болушту.

Аптанын башында Орусиянын эл артисти Ирина Поплавскаянын 80 жылдык мааракесине карата кече өттү. Ага көркөм өнөр ишмерлери, кино чеберлери катышкан. Ошондой эле бул кечеге Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлдөрү да барган. Салтанаттын алкагында орус ырчыларынын концерти тартууланып, Поплавская койгон “Жамиля” тасмасы менен жыйынтыкталган.

Москвадагы көркөм театрда бул аптада “Биздин Чехов” аттуу кече өттү. Ага Орусиянын өлкө башчысынын жубайы Светлана Медведева катышып, театрда ачылган “Көркөм театр жана Чехов” аттуу көргөзмөгө күбө болгон.

Берлин кинофестивалынын калыстар тобунун курамы аныкталды. Ага ылайык тасмалар италиялык жазуучу жана режиссер Франческа Коменчини, немис артисти Корнелия Фробоесс, испаниялык продюсер Хосе Мария Моралес, кытай актрисасы Ю Нан жана башка ушул сыяктуу көркөм өнөр ишмерлеринин сынынан өтмөкчү.

Курултай жана кулун-тай…

Исмаил Исаковдун бошотулушун талап кылган акциянын катышуучулары.

Баяндамабыз бүгүн жарык көргөн алты гезит аркылуу болмокчу.

“Агым” гезитине коомдук ишмер Эсенгул Өмүралиев президент К. Бакиев жар салган курултай жөнүндө ой бөлүшкөн. Эсенгул мырза мурдагыдай эле курултайга келген делегаттар дүжүр адамдардан же бийликтин көзүн карагандардан шайланса өз максатына жетпестигин айткан.

“Чек ара качан чеке жылытат?” Гезит “туруктуу Ата Мекени жок эл – эл боло албастыгын” эскертүү менен Кыргыз өкмөтүнүн делимитация жана демаркация боюнча делегациясынын башчысы Саламат Аламановдун маегин жарыялаган.

Өзбек-кыргыз чек араларында 60ка жакын жер бар экенине, 60 талаш жер чечилген күнү 60 Үзөнгү пайда болоруна, кыргыз тарап катуу туруп, өз позициясынан жанбай келаткандыгы үчүн чек ара маселеси чечилбей жатканын кеп кылган.

Оштун Ноокениндеги Телман айлынын айыл башчысы Камал Өсөров учурда чек арада килейген аңгектер казылганына, чек ара маселеси кышында тынчый түшүп, жаздан баштап кайрадан баш ооруга айлана баштарына, учурда өзбек чек арачылары өз жарандарын Кыргызстанга өткөрбөй, өтүп кеткендерин аябай кордошоруна, чек ара маселеси эртерээк чечилсе эки өлкөгө тең жакшы болмогуна токтолгон.

Гезит аталган макаласын ТИМге кайрылып ырыстуу жооп алалбаганын, демек чек ара маселесинин жакын арада чеке жылытарлык жылышка ээ болоруна ишенүү эрте экендигине басым жасоо менен жыйынтыктаган.

“Кыргыз руху” гезити “Бакиевди бийликке алып келгендер оор абалга түшүп атышат” деген ат менен академик Абдыганы Эркебаевдин интервьюсун окурмандарга тартуу кылды. Башмыйзамды өзгөртүүгө жасалган аракеттерди айыптаган академик ал тургай укуктук жактан тажрыйбасы жок, жаш деген КМШ өлкөлөрүнүн эч биринин Конституциясында Президенттик кеңешме деген орган жоктугун, демек Бакиев сунуш кылып аткан вариантты бийик даражалуу кызмат орунуна жоопкерсиздик менен жасалып жаткан мамиле деп түшүнсө болорун белгилеген. Кокус күтүүсүз кырдаал болуп калса же мөөнөтүнөн эрте кетсе өз кишисин коюп калуу аракети болуп атканын, Бакиев өзүнө жана өзүнүн кийинкисине ишенбөөчүлүк жаратып атканын кошумчалаган.

Генерал Исаков Кыргызстан үчүн чындап күйгөн, пейили, адамгерчилиги таза адам экенин белгилеген Абдыганы Эркебаев: “2005-жылы Бакиев менен колоннанын башында жетелешип келгендердин далайы камалганын, далайлар алыста качып жүргөнүн, алардын кайгы-муңу, ызасы акыры Кудайга жетерин, кымбатчылык, күнөөсүз адамдарга айып тагуу кошул-ташыл болсо Кыргызстандын калкы соңку чыңалууга жетерин эскертет.

Ынтымак курултайы тууралуу пикирин Абдыганы Эркебаев, бул да болсо элдин көңүлүн убактылуу алдаш үчүн жасалып жаткан иш катары баалады.

“Кыргыз туусу” гезити “Өткөндүн өрнөгүн, учур жоопкерчилигин сезип, келечекке ишенимдүү карасак” деген аталыш алдында өтүп келаткан талкуунун кортунду бөлүгүн жарыялады. Анда уруучулук жана улуттук маселелер тууралуу карама-каршы ой-пикирлерге орун берилген.

“Сүйүнчү! Тоголок Молдонун санжырасы тууралуу китебим чыкты!” Немис элинин белгилүү Чыгыш таануучусу Гундула Салк айымдын жаңы илимий монографиясы жарык көргөнүн, китеп кыргыздын айтылуу жазма акыны жана санжырачысы Байымбет Абдрахман уулунун санжыра мурасын иликтөөгө арналган эмгек экенин Прагадан тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин сүйүнчүлөгөн.

Ушул эле сандан “Көрнөк-жарнакты кыргызчалагандан тил өнүгүп кетпейт”, “Кыңырдын баарын кыргызчылыктан издөөгө болбойт”, “Рысбайдын үйү кароосуз калды” деген макалаларды, мындан бөлөк дагы ар түркүн темадагы материалдарды окууга болот.

“Пресс kg” гезити гезиттин башкы редактору Абдувахаб Мониевдин президент Курманбек Бакиевге ачык катын жарыялады. Кат: “Чын. ХХI кылымдын суусун ичкен Кыргызстан “орто кылымдык” Кокон хандыгынын кейпин кийгени калды” деп аталат. Каттан үзүндү келтирели: “Көпчүлүк кыргызстандыктардын жана чет элдик эксперттердин берген баалары менен талдоолоруна караганда Кыргызстан сиз башкарган мезгил ичинде артка карай “өнүгүп”, бардык көрсөткүчтөр боюнча төмөнгө түшкөн. Сиз түзгөн бийлик системасын жана ошол система жүргүзүп жаткан саясатты мындан дээрлик 140-150 жыл мурдагы Кокон хандыгы менен салыштырышууда. Ооба, Кокон өлкөсүн да дал сиздин үй-бүлө, үйбүлөлүк клан сыяктуу бир эле үй-бүлө башкарган.

Урматтуу президент! Иниңиз менен уулуңуз өз ара таасир, бийлик, байлык талашып атаандашып келаткансыйт. Сиз кабардар эмессизби? Андай болсо маалымдай кетели, иниңиз Жаныш Бакиев менен уулуңуз Максим Бакиев так талаш компаниясын кадимкидей баштап, калк ичинде үгүт иштерин жүргүзө баштаганына кыйла болду. Оштуктардын билдиргенине караганда уулуңуздун орунбасары Учкун Ташбаев кечээ жакында Ош шаарына барып, тар чөйрөдөгү жыйында: “Буюрса, Максим Бакиевди президент кылабыз” деген маанидеги сөз айтыптыр. Ал эми мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси болгон иниңиз өткөндө өз классташтарын чогултуп коноктогон экен, ошол жерде Акаев мезгилинен берки белгилүү амалпараз Иманкадыр Ырсалиев: “Силер кандай бактылуусуңар?! Жаныш Салиевичке башкалар пулун көтөрүп кире албай жүрсө, силер тамашалап олтурасыңар. Мына эми Жаныш Салиевич президент болот” деп айтыптыр деп мисалдаган автор: “Конституциялык Сот мурун Акаевдин үй-бүлөсүнүн айткандарын жасап келсе азыр сиздин үй-бүлөнүн буйругун аткарууда” деп жазып чыкты.

“Форум” гезити жаңы санын Жылдыз Мусабекованын “Бардык байлык бийликтегилерге!” деген аталыштагы макаласы менен ачты. Өлкөдөгү акыркы окуяларды, Павлюктун өлүмүн, кичүү Бакиевдин Кытайга сапарын, курулуп-курулбай келаткан Камбар Ата ГЭСтерин, Князевдин Максимдин Орусиядагы ишканалары тууралуу билдирүүсүн кеп кылган журналист жакында боло турган Курултайга токтолот. “Кокус өлкөнү ким башкарат?” маселесине баш оорутуп олтурбай эле “саясый бюро мүчөлөрү же үй-бүлөнүн жакындары чечет” деп койсо эч ким деле каршы болбойт эле, бийлик азыр жок машинага техпаспорт жасоо менен алек” деп жазды.

Ушул эле санда Рысекелди Момбековдун “60 тыйынга араанын ачкан ким?” деген, Эртабылды Аттокуровдун “Бийлик элин тоносо, кимге даттанат?...”, “Күйгөн “жашыл жарыктын” сыры” деген ж.б. макалаларды окурмандарга сунуштады.

“Назар” гезити “Мурас эмес, Мурас+кер жылыбы?” деген суроо коюп, бүгүнкү санын Улуу Лениндин: “Өзүнүн кул экенин билип туруп, ага күрөшпөгөн адам - чыныгы кул” деп аталган улуу сөзүн шилтеме кылып, ага “Кул” аттуу ой толгоону кошо жарыялады.

Ошондой эле бул санда: “Адилетсиз бийликке генералды тебелетпейли! Биз сиздей уулубуз менен сыймыктанабыз! Ошондуктан алайлык жигиттер, кыздар, башыбызды бийик көтөрүп, чөгүп калбай, генералдын адилеттиги үчүн күрөшөлү” деген сөздөр менен Орусиянын ар кайсыл жеринде жашап жүргөн алайлык улан-кыздардын Бишкектеги жана Алайдагы туугандарына кайрылуусун жарыя кылды.

Кайрылуу катта: “Эй!... Алайлык туугандар! Эмнени күтүп жатабыз? Исаковдун баласына 2 бөлмө квартира бердиң деп 8 жылга камап жаткан бийлик эч кимден сурабай туруп эле баласына бүт Кыргызстанды берип койду го. Мындан ары бул бийликтен жакшылык күтүүгө болбой калды” деп жазган кат ээлери бийликтин арам ойлоруна каршы күрөшүүгө, Кыргызстанды келечекте жуликтердин башкаруусуна жол бербөөгө чакырган.

29-январь: Тарых барактары

Уолт Диснейдин «Уйкудагы сулуу» аттуу мультфильминин бет ачары 1959-жылдын 29-январь күнү өткөн

Анжыян, Маргалаң, Кокон, Ош жана Өзгөндүн кадырлуу адамдары 1876-жылдын 29-январь күнү генерал М. Д. Скобелев орун алган Асаке кыштагына келишип, империяга баш ийгендигин билдиришкен.

Түркстан генерал-губернатору К. П. фон Кауфман Кокон ханы Худояр менен 1868-жылдын 29-январында тынчтык келишимге кол койгон. Келишимге ылайык хандык империянын вассалына айланып, ички жана тышкы саясат багытынан ажыраган. Анын аймагы орус товарлары жана көпөстөрү үчүн ачылып, аларга каалаган жерге соода түйүндөрүн куруп, чет өлкөлөргө чыгууга шарт түзүлгөн.

Орус жазалоочу отряды менен Пулатхан баштаган козголоңчулар ортосунда жүргөн чечүүчү кармаш 1876-жылдын январь айында Үч Коргон кыштагынан 84 чакырым алыстыкта орун алган Каратегин капчыгайында өтүп, козголоңчулар оор жеңилишке учураган.

Пулатхандын 5000 чамалуу атчан аскери толук талкаланып, ал он жигити менен согуш талаасынан качып чыккан. Бир канча орус аскери жаракат алып, жазалоочу отряд 1876-жылдын 29-январында Асаке кыштагына өргүүгө келген. Ушул эле күнү орус аскер жетекчилигине Анжыян, Маргалаң, Кокон, Ош жана Өзгөндүн кадырлуу адамдары келишип, империяга баш ийгендигин билдиришкен.

Акгвардиячылар козголоңунан улам Пишпек шаарынын тышкы дүйнө менен болгон байланышы 1919-жылдын бул күндөрү толук кесилген. Түркстан крайындагы Совет бийлигинин мурдагы комиссары Осипов, акгвардия тарапка ооп Ташкент шаарын камакка алган. Ушул эле маалда акгвардиячыл Меньков Жетисуу автоунаа жолун бууп, Верный-Пишпек жолу кесилген. Ошентип Кыргызстандын Ташкент жана Верный шаарлары менен байланышы бузулуп, маалымат алуу каражаты токтогон.

Ош уездинин Төөмоюн жергесинен радий кенинин чыккандыгы туурасында маалымат 1924-жылдын бул күндөрү коомчулукка маалым болгон. Радий кенинин жалпы запасы 100-200 миң пуд чамалуу деп эсептелип, аны өндүрүш жолуна коюу багыты белгиленген.

Иван IV Грозныйга 1547-жылдын 29-январь күнү Москва шаарында падышалык таажы кийгизилген.

Иван V 1696-жылдын 29-январындагы өлүмүнө байланыштуу Пётр I жеке бийлигине жол ачылган.

Пётр I 1710-жылдын 29-январь күнкү жардыгына ылайык орус граждандык алфавити кабыл алынган. Жаңы алфавит чиркөөлүк кирилл тамгаларын алмаштырып, калктын илим-билимге аралашуусун ыкчамдатууну көздөгөн.

Чыгыш Европадагы мурда негизделген окуу жайлардын бири эсептелген В. Н. Каразин атындагы Харьков улуттук университети 1804-жылдын 29-январында түптөлгөн.

Карл Фридрих Бенц 1886-жылдын 29-январында бензин мотору менен иштеген автомобилди ийгиликтүү патенттөөгө жетишкен. К. Бенцтин унаасынын үч темир дөңгөлөгү болгон. Ойлоп тапкыч ишти 1885-жылы бүткөрүп, аны «Motorwagen» деп атаган.

Элдик комиссарлар Кеңешинин 1920-жылдын 29-январь күнкү Декретине ылайык Совет мамлекетинде эмгек жазасы кабыл алынган.

Уолт Диснейдин «Уйкудагы сулуу» аттуу мультфильминин бет ачары 1959-жылдын 29-январь күнү өткөн.

СССР, Британия жана Иран мамлекеттери 1942-жылдын 29-январында өз ара биримдик жана фашисттик Германияга каршы күрөшүү келишимине кол коюшкан.

Жаратылышты жабыр тарттырбоо максатында Швеция мамлекети 1978-жылдын 29-январында аэрозолдук спрейлерди колдонууга тыюу салган.

Советтик аскерлердин Ооганстанга киргизилишин айыптаган Ислам уюмунун конференциясы 1980-жылдын 29-январында Исламабад шаарында ишин аяктаган.

М.Конгантиевге сөгүш жарыяланды

Ички иштер министри М.Конгантиев

28-январда өкмөт жыйынында премьер-министр Данияр Үсөнов кадр саясатында кетирген кемчилиги үчүн ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге сөгүш жарыялады.

Өкмөт башчы министр Конгантиевди өткөн жылкы Петровка окуясына тиешеси бар деп кызматынан алынган Москва райондук милициянын башчысы Жеңиш Жоробековду Бишкек шаардык милициясынын жетекчисинин орун басары кызматына дайындашын сынга алып, буга президент Бакиев да нааразы болгонун айтты.

Өкмөт башчы Данияр Үсөнов Петровка жаңжалына тиешеси бар деп кызматынан алынган Жениш Жоробековдун Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматына дайындалып калган себебин президент Курманбек Бакиев текшерүүгө алууну тапшырганын айтты.
Кадр тандоодогу кетирген кемчилигиңиз үчүн мен сизге сөгүш жарыялайм.


Премьер-министр Петровка окуясынан 9 ай өтпөй подполковник Жоробековдун Бишкек шаардык милиция башчысынын оң колу болуп калышын министр Конгантиевдин кемчилиги деп баалады.

- Албетте бул жерде өлкө башчысынын ачууланганынын себеби негиздүү. Менимче эми ички иштер министринин буйругун жокко чыгарып, кандайдыр бир башка да чара көрсөк туура болот болуш керек. Эмне, башка кадрлар жокпу? Эмне үчүн өкмөт жетекчилиги сиздин чечим тууралуу эч нерсе билбейт? Кенешип иш жасаш керек болчу.

Данияр Үсөнов министр Конгантиевден эмне үчүн мындай кадрды жооптуу кызматка дайындагынын сурап кайрылды. Ички иштер министри өз жообунда Петровка окуясын оппозициялык күчтөр уюштурганын белгилеп, Жеңиш Жоробековду Бишкек шаардык милициянын башчысынын орун басарлык кызматына татыктуу деп эсептерин айтты:

- Бул кызматкер буга чейин Бишкек шаардык кылмыш издөө бөлүмүндө иштеген. Уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүн жетектеген. Ал бир жылдан бери бош жүрөт, бул да чоң жаза деп ойлойм. Мен анын профессионал, тажрыйбалуу кадр экенин эске алып, шаардык милициянын башчысынын орун басары кылып дайындадым. Мен бардык сынды кабыл алам, бул маселе боюнча жоопкерчиликти да алууга даярмын.

Кадр саясаты жана окуянын башаты

Министрдин жообуна канааттанбаган өкмөт башчысы Конгантиевдин буйругун жокко чыгарууну жана кадр саясатындагы кетирген катачылыгы үчүн ички иштер министрине сөгүш жарыялоону өкмөт өкүлдөрүнүн добушуна койду. Бирок каржы министри Марат Султанов Молдомуса Конгантиевдин мыйзам бузбаганына токтолуп, сөгүш жарыялоого караманча каршы чыкты.

- Мен ойлойм азыр ички иштер министрине сөгүш жарыялоонун кереги жок. Министр өзүнүн катасын мойнуна алды. Албетте президенттин тапшырмасы абдан маанилүү, бирок ички иштер министри мыйзамды бузган жок да, Данияр Токтогулович.

Марат Султановдун сунушу көпчүлүк өкмөт мүчөлөрү тарабынан колдоо таап, премьер-министрдин Конгантиевге сөгүш жарыялайбыз деген оюн колдогондор өтө эле аз болду. Бирок өкмөт башчы өз укугунан пайдаланып, ички иштер министрине сөгүш жарыялады.
Эмне үчүн өкмөт жетекчилиги сиздин чечим тууралуу эч нерсе билбейт?


- Мен премьер-министр катары өз укугумду пайдаланып, силердин кимиңерге болбосун сөгүш жарыялай алам. Молдомуса Ташболотович, мен ишенем бул сиздин ишиңизге берилген баа эмес. Кадр тандоодогу кетирген кемчилигиңиз үчүн мен сизге сөгүш жарыялайм.

Ошентип өкмөт жыйынында Петровка окуясындагы шалаакылыгы үчүн деп айыпталып кызматынан четтеген Жеңиш Жоробеков жаңы эле отурган Бишкек шаардык милициясынын жетекчи орун басарлык кызматынан алынып, аны дайындаган министр Молдомуса Конгантиевге сөгүш жарыяланды.

Өткөн жылдын апрель айында Петровка айылында 4 жашар кыздын зордукталышынан улам чоң жаңжал чыгып, кылмышка тиешелүү адам 20 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми жаңжалды уюштурган деген айып менен айрым оппозициячыл саясатчылар ушул күндөрү да абакта кармалып келет.

"Азаттыктын" архивинен: Петровкадагы жексур кылмышка каршы толкундоо

Чүйдүн Москва районундагы Петровка айылынын тургундары 27-апрелде чогулуп, тестиер кыздын зордукчусун айоосуз жазалоону жана жекшембиде кармалган айылдаштарын бошотууну талап кылышты. Милиция шектүү кишини камакка алганы кабардалды.

Петровкадагы жексур кылмышка каршы толкундоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:49 0:00

Жумушсуздардын жөлөк пулу жоюлат

Мындан ары жумушсуздар паспорттогу каттоосуна карап эмес, акыркы убакта жашаган жерине карап жумушка орношо алышат. Мындан сырткары жумушсуз макамына ээ болуп, жөлөк пул алгандар жоюлат. Бул учурда каралып жаткан “Жумуштуулук жөнүндө” мыйзам долбооруна киргизилген. Ал эми ушул убакта жумушсуз жүргөн жарандар мамлекет аларга дегеле кам көргөн эместигин айтышууда.

23 жаштагы Гүлмайрам Бишкек шаарындагы эмгек биржасында төрт жылдан бери иштейт. Ал кайсы бир кесиптин ээси болбогону менен сунуш кылынган бардык жумуштарды, көбүнесе үй, короо-жай жыйнап, кир жууп, ремонттон кийинки үйдү тазалап, актаган жумуштарды жасайт.

Гүлмайрам учурунда жумуш издеп, кайсы бир фирмага деле кайрылган эмес. Анткени ал айылда катталган болчу. Мамлекеттик мекемелерде болсо айлыктын аздыгынан иштегиси келбейт.

- Бул жакта иштеген он кишиден үч кишинин үйү жок. Батирде турабыз. Мамлекеттик кызматта иштесем, айлыгым үч миң сом. Аны мен тамак-ашыма жеткиремби же батирге беремби? Убагында жөлөк пул алайын деп кайрылгам. Бирок каттоо талап кылынат экен. Мен Оштон каттоодон чыгып келип бул жакта кимдин үйүнө тургузмак элем. Болгондо да 300 сомго да жетпейт. Ал акча үч маал тамак ичкениңе да жетпейт.

Каралып жаткан “Жумуштуулук жөнүндөгү” мыйзам долбоордун демилгечилери бул мыйзам жумуш табуу жолун жеңилдетет дешет. Эмгек, жумуш менен камсыз кылуу жана миграция министри Айгүл Рыскулова буларга токтолду:
Жөлөк пулдар өзүн өзү актаган жок. Жумуш издебей эле жөлөк пулга таянып жаткан учурлар көп экен.


- Бүгүнкү күндө бул мыйзам Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Анткени бул эмгек базарына тиешелүү бардык адамдардын катышуусу менен ишке ашат.

Мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири Бегалы Наргозуевдин айтымында, мыйзамдын негизги максаттарынын бири - чек ара аймагына жакын жердеги жашоочуларды кармап калуу. Андан сырткары атайын катталган жумушсуздарга төлөнчү жөлөк пулду алып салып, аларды эмгекке тартуу маселеси алдыга коюлган.

- Жөлөк пулдар өзүн өзү актаган жок. Жумуш издебей эле жөлөк пулга таянып жаткан учурлар көп экен. Ошондуктан ага кеткен акчанын ордуна жаңы социалдык жумуш орундарын тузүүнү сунуш кылып жатабыз. Айрыкча чек ара райондорунда болот. Жөн эле каттодон өтүп алып эле акча албаш керек.

“Алма быш, оозума түш” дегендер барбы?

Деген менен жөн эле жатып акча алган адамдар өтө эле сейрек кездешерин учурда жумушсуз жургөн Жуманазар аттуу жигит белгиледи. Жуманазар бир топ жерге жумуш издеп кирген менен алгылыктуу жерди тапкан эмес. “Айрым жерде жумуш таап берген ортомчу адамдар эле айлыктын жарымын жеп коет”,- дейт ал.
Мамлекеттик кызматта иштесем, айлыгым үч миң сом. Аны мен тамак-ашыма жеткиремби же батирге беремби?


- Мамлекет тарабынан жумушсуздарга көңүл деле бурулбайт, такыр көңүл бурулбайт. Жумуш берүү кызматын түзүп берди. Бул жерде болгону биздин учетубузду гана алып, айына ушул жерде жумуш издеп турат дегенди тастыктаган гана талон берет. Бирок анысын милиция кызматкерлери жаратпай коет. Акчаң жок болсо бул жасалма экен деп эле айрып салат.

Бүгүнкү күндө Эмгек, жумуш жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда жумушсуздардын саны 195 миң адамды түзөт. Бир жумуш орунга 16 адам туура келет экен. Серепчилер мыйзам канчалык өзгөргөн менен жумуш орундар ачылбаса жана айлык акы төмөн шартта бул маселе чечилбейт деген пикирлерин билдирип жатышат. Алар бул багытта башкача система керектигин белгилешүүдө.

"Азаттыктын" архивинен: Уурданып иштеген унаа жууугучтар

Уурданып иштеген унаа жууугучтар
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:36 0:00

А.Чехов жана кыргыз маданияты

"Адамдын акылы жана адеп-ахлагы канчалык бийик болсо, ал ошончолук эркин"

29-январда орус элинин улуу жазуучусу Антон Павлович Чеховдун туулган күнүнүн 150 жылдыгы белгиленет. Кыргыз көркөм өнөрүнүн өкүлдөрү анын чыгармалары кыргыз адабияты менен маданиятына да таасир тийгизгенин белгилешүүдө.

Орустун адабиятында эле эмес, дүйнөлүк адабиятта «аскадай» орду бар Антон Павлович Чеховдун чыгармалары кыргыздын адабиятына, маданиятына да абдан чоң таасирин тийгизген.

Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдары Кыргыз драма театрынын сахнасында
Чеховдун «Ваня тайеке» драмасы
сахналаштырылып, театр чеберлери Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева орус классикасын «ийнине» жеткирип аткарышкан.

Кийинки, 1980-жылдары кыргыз драмада Санарбек Карымшаковдун котормосундагы «Алча багы» пьесасын орустун мыкты режиссерлорунун бири Леонид Хейфец ийгиликтүү сахналаштырган.

«Алча багындагы» каармандардын бири Дуняша: Епифанов атынып өлбөсө экен. Санаачыл болуп тынч ала албайм (ойлуу). Мени бул жерге кичинекей кыз кезимде эле төрөлөр алып келишкен экен. Карапайым турмуштан чоочун болуп калыптырмын. Колдорумду караңызчы? Аппапак. Манжаларым ак сөөк бийкечтердикиндей. Сылык-сөөлөттүү болуп калган экенмин. Яша, мен сизге бир нерсе айтайынчы... Мен... Мен сизди сүйүп калдым. Сиз билимдүү адам экенсиз. Бардыгына акылыңыз жетип турат. Оо, кудай!»

Бул «Алча багы» спектаклиндеги Дуняшанын ролун Тынара Абдыразаева зор чеберчиликте аткарып, кийин бул оюн Москвада көрсөтүлгөндө ошол учурдагы совет биримдигинде «мен мыкты» деген театр сынчыларынын «элегинен өтүп» мактоосуна арзып, «Эмгек сиңирген артист» деген наамга татыктуу болгон.

«Антон Чеховдун «Алча багы» спектакли кыргыз актерлерун ролду ачууга, экинчи пландагы ойду жеткирүүгө, психологиялык ой жүгүртүүгө тарбиялаган чыгармалардын бири болгон», дейт Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Акылбек Мураталиев.

- Москвадан келген эң чоң режиссердун спектаклди даярдоо ыкмасы менен, орус мектебинин эрежелери менен дайардалган «Алча багы» спектаклинде кыргыз актерлору чоң сабак алышты. Ошол кыргыз артисттеринин иштөө жөндөмүнө, иштөө ыкмаларына жаңылык киргизип, ролдорду психологиялык жактан ачып берүүгө чоң эле таасири тийгизген.

Кыргыз театр ишмерлеринин пикиринде Антон Павлович Чеховдун пьесалары кыргыз сахнасында аз коюлганы менен театралдык окуу жайларда актерлорду чеберчиликке тарбиялоодо негизинен Чеховдун бир актылуу пьесаларына, көлөмдүү чыгармаларынан үзүндүлөргө басым жасалат.

Актриса Тынара Абдыразаева өз доорунда Чехов «Алча багы» аркылуу адамдардын бири-бирине болгон көз караштардын карама-каршылыгы, жаратылышка, өз дооруна кылган мамилеси менен келечеги жөнүндө көтөрүп чыккан проблемалар бүгүнкү күнү да турмушубузга үндөшүп турат дейт.


- Бүгүнкү күнү да кыргызбы, оруспу Советтер Союзу кулагандан кийин жаңы кыргыз, жаңы орус, жаңы казак болуп чыга келбедикби. Бардыгыбыз эле Батышты туурап калбадыкбы. Чехов да «Алчалуу багында» ошол доордогу орустардын арасындагы айрым адамдар Батышты туурап, өз каада-салтын жерип, келечектин символу катары алчалуу бакты кыйуусу, биздин бүгүнкү күнгө үндөшүп турбайбы.

Ал эми актер Акылбек Мураталиевдин көз карашында, «Алча багы» аркылуу өткөн доор менен келечекти, эски менен жаңынын карама-каршылыгын көрсөткөн Антон Чеховдун «Ак чардак», «Ваня таеке», «Алча багы» пьесаларынан башка «№6-палата», «Кутудагы адам», «Арык менен семизи» бүгүнкү күндө да коомдогу терс көрүнүштү чагылдырып, актуалдуулугун жоготпой келет.

Адабиятчы Садык Тиллебаев улуу жазуучуларды, уюткулуу талантка ээ көркөм өнөрдүн ээлери дүйнөнүн бардык элдерине тиешелүү болгон сыяктуу дүйнөлүк маанидеги жазуучу Антон Чехов да кыргыздын адабий-маданий, илим-билиминин, образдуу дүйнө кабылдануусунун калыптанышына таасирин тийигизген улуу сүрөткер катары баалашыбыз керек дейт.

- Кыргыз жазма адабиятына тийгизген таасири тууралуу айтсак. Антон Павлович Чеховдун аңгемелери 1930-жылдары эле кыргызчага которула баштаган. 50-жылдары Чеховдун кыргызча эки томдугу чыгарылган. Алтымышынчы жылы да кайрадан кыргызча басылып чыккан. Албетте ошону окуган жаңы муундар 60-жылдары А.Чехов менен Э.Хемунгуэйди туу тутуп адабиятка келишти. Ошолордун эң мыкты үлгүлөрү Мурза Гапаров, Аман Саспаев. Өзгөчө Аман Саспаевдин «Татым тузунан», Мурза Гапаровдун «Бир жылда эки гүлдөчү алмалар» жана башка аңгемелеринен Чеховдук «манералар» сезилип турат.

Орустун улуу жазуучусу Антон Павлович Чехов 1860-жылы 29-январда Таганрог шаарында жарык дүйнөгө келген. Чеховдордун үй-бүлөсү Москвага көчүп келип, 19 жаштагы Антон Москва университетинин медициналык факультетине тапшырат.

1880-жылы анын биринчи аңгемелери басылмаларда жарык көрүп, адабиятта жазмакерлик ишмердиги башталат. Медициналык окуу жайын аяктагандан кийин дарыгер болуп иштеп, чыгармачылыкты кошо улантып, ошол кездеги орус интелигенциясынын арасында тез эле оозго алынат.

Ал дүйнөлүк жана орус адабиятынын алтын казынасына бир катар повесть, аңгемелерден башка «Иванов», «Алчалуу бак», «Үч эже-сиңди», «Ак чардак», «Ваня таеке» деген пьесаларды калтырды.

Ал 1904-жылы Түштүк Германиянын Баденвейлер шаарына даарыланганы барып, учук кеселинен жакшы боло албай 15-июлда 44 жашында каза болгон. Анын сөөгү Москванын Новодевичье көрүстөнүндө коюлган.

Чеховдун: "Сенин айыгаарыңды майрамдай күткөн адамдар бар экенин эстегенде, ооруган да жагымдуу сезилет", деген сыяктуу учкул кептери да адабияттын алтын казынасында калган.

А.Чехов жана кыргыз маданияты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00

ЖТР төрайымын коркуткан адам табылды

ЖТРдин жаңы имараты, 20-май, 2009-жыл.

Бир нече күндөн бери Жалал-Абад облустук телекөрсөтүүсүнүн төрайымы Бактыкан Ажымаматовага телефон аркылуу коркутуулар жасалып келген эле. Облустагы тартип сакчылары 28-январда бул кылмышка шектүү адамды кармады.

Жалал-Абад облустук телеишканасынын башчысы Бактыкан Ажымыматованы коркутуп сүйлөгөн телефон чалуу өткөн аптада башталган. Аты-жөнүн айтпаган белгисиз адам адегенде кызматтан кетүүсүн талап кылып, болбосо өмүрүнөн айрылаарын эскерткен. Анын ким экенин сураган төрайымдын суроосу жоопсуз кала берген.

Чоочун киши 27-январь күнү бешим ченге дейре “Бактыкан, жашагың келсе, ЖТРден кет, өлөөрүңө аз калды, сени өз колум менен өлтүрөм!” деген жана башка шылдыңдаган сөздөрдү жазып, СМС аркылуу төрайымдын телефонуна жиберип турган. Өз өмүрүнө коркунуч туулганы тууралу арыз менен Бактыкан Ажымыматова күч уюмдарына 24-январда кайрылган.

Облустук ички иштер башкармасынын кызматкерлеринин аракети менен түндө кылмышка шектүү адам кармалган. Ошентип Барс жылында журналисттерге болгон алгачкы телефондук коркутуу окуясынын бети ачылды.

Окуяга байланыштуу башкармалыктын 1- орунбасары Мелис Шералиев бүгүн журналисттер үчүн чакан жыйын курду. Анын айтымында былтыр болгон телефондук коркутуу убагында аныкталган. Жыйында ал тергөө ишинин талабына ылайык бүгүн кармалып, камакка алынган адамдын аты-жөнү тууралу маалымат айта албай турганын, бирок ал ЖТР телеишканасында мурда иштеп кеткен жигит экенин билдирди:

- Ал жерде “Жашагың келеби? Өлгүң келбесе, жөн жүр! Сени өз колум менен өлтүрөм! Жашагың келсе, ЖТР деректиринин кызматынан кет! “ деген ар кандай коркунучтуу сөздөр түшкөн. Ошол окуя боюнча Ички иштер башкармасынын башчысынын буйругу менен иликтөө тобу түзүлүп, ошол топтун жүргүзгөн оперативдүү ишинин жыйынтыгында шектүү адам кармалды. Кармалган жигиттен далил буюм катары уюлдук телефонун жана бир нече СМС жазууларын алдык. Азыркы күндө тергөө жүрүп жатат.

Бактыкан Ажымаматованын белгилешинче, телефондук коркутуп-үркүтүү өч алуу максатында жасалганы анык болду. Тынымсыз телефондук жазуулар анын жана ал баштаган теле-радио ишканасынын жамаатына көрсөтүүлөрдү даярдоодо тескери таасирин тийгизди. Ал баштапкы талаптардан улам “ ЖТРдин жетекчилигине кызыккан адамдар болсо керек” деп боолгогон. Кимдир-бирөөлөр өч алып, кек санагыдай, үчүнчү ирет деректирлик кызматта олтурган учурунда деле сыналгы аркылуу эч кимди сындай электигин билдирди.

- Башында мен кызмат талашуу го деп ойлогом, ушул менин ордум керек болуп аткан го деп. Кармалган шектүү адамдын билдиргенине караганда, жеке өчүн алуу максатында ушундай кылган экен. Мага эки күн катары менен телефон чалат. Эки күн катары менен СМС жазуулар келди. Телефон чалат, өчүрүп коет, сүйлөбөйт. Телефон чалганы “мен бармын!” деген белгиси болсо керек.

Анын жетекчилик маалында он жылдап курулган телеишкананын имараты бүтүп, ЖТР облустук сыналгылардан алгачкы болуп, өзүнчө жыштыкка ээ болгон. Байкоочулардын баамында бийликтин саясатын жүргүзгөн ЖТР өңдүү маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө бийлик, же кылмыш дүйнөсү, болбосо оппозиция тараптан коркунуч туулушу мүмкүн эмес.

Ички иштер башкармасынын орунбасары Мелис Шералиев Бактыкан Ажымаматованын таза жүргөнүн жана анын талапкөйлүгүнө чыдабаган мурдагы кызматкери коркуткан ыкмага өтсө керек деген божомолун ортого салды:

-Эженин ишке болгон, тартипке болгон талабынан ал адам ошо жумуштан кеткенден кийин эженин талабына ал жигит чыдай албаган. Мен ушинтип ойлойм.

Башкармалыктын тергөө иштери боюнча орунбасары Мырзалы Жумабаев шектүү адамга кылмыш кодексинин 113- беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун , ушул берене менен айыбы аныкталган адам 3 жылга дейре эркинен ажыратылуусу мүмкүн экендигин маалымдады.

Кыргызстан Гаитиге кандай жардам берди?

Үстүбүздөгү жылдын 12-январында Гаитиде катуу жер титирөө болуп, андан 200 миңге жакын адам набыт болгону маалымдалууда. Гаитиликтерге дүйнөнүн көп өлкөлөрү жардам берип, белгилүү шоу-жылдыздары, маданият ишмерлери кайрымдуулук чараларын уюштурууда. Ал эми Кыргызстанда мындай иштер жүргүзүлгөн жок.

Тогуз миллиондой калкы бар Гаитиде күчү дээрлик 7 баллга чейин жеткен жер титирөө 12-январда катталды. Мындай ири зилзалада 200 миңге жакын адам каза болуп, үч миллиондой киши үй-жайсыз калганы маалымдалууда. Гаитинин борбору Порт-о-Пренстин үчтөн бир бөлүгү толугу менен кыйроого учураган.

Мындай ири кырсыктан жапа чеккен гаитиликтерге көптөгөн мамлекеттер жардам көрсөтүп, куткаруучуларды, дары-дармек, тамак-аш жөнөтүшүүдө. Кечээ жакында эле Лондондо жети жаштагы бала Гаитидеги жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам катары эки жүз миң долллардан ашык каражат топтоду. Ата-энесинин жардамы менен Чарли Симпсон аттуу бала гуманитардык жардам берүү үчүн түзүлгөн веб-сайтка өзүнүн жеке баракчасын ачып, анда өзүнүн кайрымдуулук чарасы тууралуу жазган.
Кайрымдуулук кылуу, гумандуулук өңдүү түшүнүктөр тууралуу эки-үч муун алмашкан соң гана сөз кылсак болот го.


Мындан соң велосипед менен ал жактагы паркты кыдырып чыккан. Сегиз километр жол жүргөн соң, интернеттеги өз баракчасын карап, дүйнөнүн булуң-бурчунан жүздөгөн кайдыгер эмес адамдар бир топ акча которгонун көргөн. ЮНИСЕФ боорукер балага ыраазычылык билдирип, ал чогулткан каражат гаитилик балдарга жумшаларын билдирди.

Дипломатия жок, жардам да болбойт

Ал эми Кыргызстан тараптан аталган өлкөгө жардам берилген жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Министрликтин коллегиясы болгондо Гаитидеги кырсыкты мисал катары гана талкууладык. Ал эми жардам тууралуу эч кандай сөз болгон жок.

К. Досумбетовдун айтымында, гуманитардык жардам жиберилбегендигинин себеби жолдун алыстыгы жана эки өлкө ортосунда дипломатиялык карым-катнаштардын жоктугу.

Өлкөдө кайрымдуулук менен алектенген ар кыл фонд, уюмдар тараптан дагы Гаитиге жардам көрсөтүлгөн жок. Бириккен Улуттар уюмунун маалымат кызматынын өкүлү Кайрат Мурзакаримов буларды айтат:
Мен керек болсо күрөк алып гаитиликтерге жардам берүүгө даярмын.


- Гаитиге жардам биздин штаб-квартирабыздан берилди. Бирок Кыргызстан тууралуу айтсак, бул жактан биздин уюм аркылуу эч кандай жардам берген жокпуз.

Кызыл чырым, Кызыл жарым ай өңдүү эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү аркылуу да кырсыктан жабыр тарткандарга гуманитардык жардам берилген жок. Кызыл чырым уюмунун басма сөз катчысы Светлана Швачева буларды айтат:

- Биринчиден, бизде экономикалык кризис, элдин ашыкча акчасы жок. Экинчиден, каражат болгон күндө да бул биздин элге бир аз жат. Кайрымдуулук кылуу, гумандуулук өңдүү түшүнүктөр тууралуу эки-үч муун алмашкан соң гана сөз кылсак болот го. Бирок кантсе да калкты кайрымдуулук кылбайсыңар деп күнөөлөө болбойт, анткени коом өзү ушундай.

Кайрымдуулук кыргыз элинин канында бар

Студент Залкардын айтымында, жакырчылыкка жарым-жартылай баткан кыргыз эли Гаити эмес, өзү колдоого муктаж чагы:

- Бизде деле канчалаган кырсыктар, жер көчкү, зилзала болуп атпайбы, ага Гаити жардам берген жок го. Мейли, муну эске албаган күндө деле учурда каражат жактан кризис болуп атпайбы. Анан элде тээ алыстагы Гаитиге жардам берүүгө мүмкүнчүлүк жок. Жол болсо ушунча алыс болсо, гуманитардык жардам ал жакка жеткиче канча убакыт, канча каражат кетет?

“Кебел” жаштар уюмунун жетекчиси Мирзат Ажиев кандай болгон күндө да гаитиликтерге жардам берүү үчүн мамлекет иш-чара уюшурса калк сөзсүз түрдө муну колдойт эле дейт:
Мен өзүм пенсионермин, эгерде атайын банктык эсеп ачылса бир айлык пенсиямды которгонго даярмын.


- Албетте биз Гаитиге өтө чоң жардам бере албайбыз. Бирок мамлекет бул жаатта иш-чара уюштурса аз да болсо колдон келген жардамды бермекпиз.

Жогорудагыдай пикирлерин сурамжылоого катышкан Бишкек шаарынын тургундары да билдиришти:

Бакыт: Албетте ал кырсык тууралуу угуп, сыналгыдан көрүп атам. Аларга жардам берет болчумун. Эми биз студенттербиз да, ошондуктан көп болбосо да беш-он сомдон чогултмакпыз.

Айна: Бул жүрөктү ооруткан оор кырсык болду. Мен өзүм пенсионермин, эгерде атайын банктык эсеп ачылса бир айлык пенсиямды которгонго даярмын.

Илим: Мен керек болсо күрөк алып гаитиликтерге жардам берүүгө даярмын. Акчалай деле аз-аз болсо да колдоо берет болчумун.

Элмира: Гаитидеги зилзаланы көрүп аябай жаман болуп атам. Албетте жардам берүү керек. Алыс болсок деле. Мен, мисалы, өзүм китеп жазам. Ошол китептеримен берет элем, бирок алар кыргызча түшүнүшпөйт да.

Ошентип сурамжылоого катышкандардын көбү эгерде гаитиликтерге жардам берүү боюнча акция уюштурулса, колдон келген жардамды беришерин айтышты.

Гаитиде катуу зилзала болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00

“Ы” мууну: “Анан кантип Кыргызстан өнүгөт?”

2009-жылдын аягында жаштар арасында жарыяланган “Ы” мууну фото сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сынак - “жаштар жаштардын көзү менен” деген максат, идеяны көздөгөн. Иш-чаранын уюштуруучулар жана калыстар тобу бул максат ишке ашкандыгын белгилеп жатышат.

Бириккен улуттар уюумунун өнүктүрүү программасы мындай сүрөт сынакты экинчи ирет өткөрүп жатат. Өткөн жылы сынак “Жаштар kg” деген аталышта уюштурулган болчу. “Ы” мууну сүрөт сынактын калыстар тобу бул жолу жаштар өтө активдүүлүгүн көрсөтүшкөндүгүн белгилеп жатышат.

Сынакка 15 жаштан 28 жашка чейинки кыргызстандык жана чет жактан Кыргызстанга келген жарандар катышкан. Жалпысынан республиканын бардык аймактарынан 500гө чукул ар кыл темадагы эмгектер келип түшкөн. Алар сүйүү темасынан баштап, жумушка орношуу, үй-бүлө, миграция, ден соолук, билим берүү, коопсуздук, баңги зат, балалык, эне-ата болуу бакты сыяктуу көрүнүштөрдү сүрөт аркылуу көрсөтүп беришкен.

Өткөн жылга салыштырмалуу бул жолку сынакка келип түшкөн иштердин саны да, деңгээли да жогору дешет калыстар тобунун мүчөлөрү. Алардын бири Марат Саруулу жаштар бул сүрөт сынак аркылуу өздөрүнүн бар экенин далилдеп жатышат дейт:

- Азыркы жаштардын көз карашы биздикиндей эмес, алар бизге караганда активдүү. Булардын мүмкүнчүлүктөрү бизге караганда көбүрөөк. Ички дүйнөсүнө, азыркы турмуштун кандай татаал жактары бар, жаштар өзүдөрүнө кандай көз карашта - ошону сездик. Бул турмушта татаал нерселер көп, бирок жаштар ага карабай биз барбыз деп, өздөрүнүн бар экенин билдирип жатат. Муну көрсөтүү да оңой эмес.

Ал эми калыстар тобунун дагы бир жаш өкүлү Кайрат Мурзакимов бул сүрөттөр аркылуу жаштардын көз карашын, жашоого болгон ой жүгүртүүсүн аныктоого боло турганын айтат:

- Эң эле ар түрдүү эмгектер тапшырылды. Кээ бирөөлөр өтө оптимистүү көз карашын, башкасы бир үмүттү, максатты чакылдырган. Айрымдары абдан пессимисттик көз карашты чагылдырган. Алардын ичинен баңгичиликке байланыштуу сүрөттөр келип түштү. Айта кетчү нерсе, чылым чегүүнүн зыяндарын, ушул маселени чагылдырган сүрөттөр көп келди. Аны көбүнчө 15-18 жаштагы эле балдар тарткан. Бул да болсо биз үчүн белги болуп турат.

БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Уолкер бул сынакты кыргыз жаштарынын улуу муун ортосундагы диалогу катары баалады:

- Мен Кыргызстанга биринчи келгенде жаштардын саны көп экенин түшүндүм. Биз анализ жүргүзүп баштаганда жаштар саясий диалогдун бөлүгү катары өздөрүн сезбегени жана алар кайсы бир деңгээлде өздөрүн мүмкүнчүлүгү чектелген катары карашат экен. Ошондуктан быйылкы жылы биздин мыйзам жаштарга арналмакчы. Алардын маселесин түшүнүү үчүн биз кайсы бир кеңешчи же экспертти чакырган жокпуз. Биз жаштардын өзүн тарткан натыйжалуу болорун түшүндүк.

Жеңиштин даамы, сүрөтчүнүн баркы

Сынактын жеңүүчүлөрү эки бөлүк менен аныкталды. Биринчиси сүрөт, экинчиси фотоплакат аркылуу. Жаштар арасындагы миграцияны, деги эле соңку мезгилде жаштардын көздөгөн багытын сүрөт аркылуу берген Талгат Бериков жеңүүчү деп табылды. Ал башка жакка поезд аркылуу кетип бараткан жаштардын фотосессиясын түзгөн.

- Орун алам деп да, катышам деп да ойлогон эмесмин. Досум катышпайсыңбы деп айткандан эле катышып көрдүм эле. Сүрөт тартуу менин хоббим. Достор менен отурганда деле тарта беребиз.

Ал эми студент Максат Болотбеков болсо өзүнүн фотоплакаты үчүн атайын дипломго ээ болду. Ал өзүнүн ишинде жогорку окуу жайлардагы паракорчулукту чагылдырып берген.

- Көп эле студенттерди карасаң окуусун акча менен бүтүрөт. Акча менен бүткөндөр кийин өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болот. Тааныштары менен окууга өткөн проблеманы эле козгоюн дегем. Жакшы окугандардын бардыгы чет өлкөлөргө кетип жатышат. Бул жакта, кыскасын айтканда, пара берип бүткөндөр калып жатат. Анан кантип Кыргызстан өнүгөт.

Жеңүүчүлөрдү аныктоого калыстар тобунун курамына 15ке чукул адам кирген. Арасында белгилүү кинорежиссерлор, сүрөтчүлөр, арт-сынчылар, дизайнерлер бар. Бул сүрөт сынак Кыргызстан жаштарына арналган адам өнүгүшү боюнча Улуттук баяндаманын алкагында уюштурулган. Баян ушул жылдын февраль айында жарыяланат.

Б.Ажымаматова өз коопсуздугу үчүн тынчсызданууда

Журналисттердин коопсуздугу тууралуу Жалал-Абат телерадиокомпаниясынын төрайымы, белгилүү журналист Бактыкан Ажымаматова “Азаттыкка” маек курду.

- Буга чейин телефон аркылуу коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканы тууралуу кабарланды эле. Андай көрүнүштөр тынчыдыбы, же дагы эле уланып атабы?

Бактыкан Ажымаматова: Мага карата телефон аркылуу коркутуу 24-25-26-январларда үч күн катары менен болду, көбүнчө СМС аркылуу келди. Кечээ күнү түштөн кийин токтоду. Бул боюнча тиешелүү органдарга кайрылдык эле, ал тараптан иштер иликтенип жатат. Кечээ күнү берген маалыматына караганда изи табылчудай.

- Өзүңүз эмнеге байланыштуу деп болжоп жатасыз? Бул кесибиңизгеби, же жеке мамилелерге байланыштуу болушу мүмкүнбү?

Бактыкан Ажымаматова: Ар кандай версиялар болуп жатат. Бирок келип эле кесипке байланыштуу болот го.
Эгерде коркуткан адам табылып калса, аны коомчулукка чыгарып коюш керек, ошондо башкаларга да мисал болот.


- Албетте бүгүнкү күңдө журналисттер арасында коркутуп-үркүтүүгө кабылган жалгыз сиз эмессиз. Эмне үчүн журналисттин коопсуздугуна бүгүн коркунуч келип жатат? Муну айрымдар кесипке, саясатка, сөз эркиндигин кысуу аракеттерине байланыштырып жатат. Сиздин пикир?

Бактыкан Ажымаматова: Биздин Кыргызстанда журналисттердин тарыхында көбүнчө эркин журналисттерге коркутуп-үркүтүү көп болуп келген. Мен мамлекеттик журналисттердин санында турам. Мага карата буга чейин эч кандай коркутуп-үркүтүү телефон аркылуу болгон эмес. Бул, менимче, менин кесибиме байланыштуу. Бирок жеке адамдын эле коркутуусу сыяктанып жатат. Балким азыркы кездеги менин кызматым керектир, балким бир кезде кандайдыр бир себептерден өзүнүн таарынычтары барбы, жеке эле бир адамдыкындай сезилди. Себеби дайыма бир телефондон эле чыгат.

- Акыркы мезгилдерде сизге жана Бишкектен оппозициялык “Форум” гезитинин редакторунун орунбасары Жылдыз Мусабековага да коркутуу болду. Ушул ММКлардын арасында экөөңүздөрдүн жагдайга байланыштуу талкуулар жүрүп кетти. Көбүнчө эч кимге айтпаш керек, мындай учурда кылмышкер качып кетиши мүмкүн деген көз караштар көбүрөөк басымдуулук кылып жатпайбы. Коркутуп-үркүтүүлөрдөн арылуу үчүн эмне кылуу керек?

Бактыкан Ажымаматова: Коркутуп-үркүтүүнү ачыкка эле чыгарган жакшы. Себеби дайыма эле биз айтпай, кылмышкер өз билгенин жасап жүрө берсе, мындай нерсе улана берет. Ошон үчүн ушундай мисалдарды таап эле ачыкка чыгарсак өзүнүн коркутулууларын ар кандай ыкмалар менен пайдаланган адамдарын аягы тыйылат деп ойлойм. Ошон үчүн муну жашыруунун зарылчылыгы жок, ачыкка чыгарыш керек.
Биздин Кыргызстанда журналисттердин тарыхында көбүнчө эркин журналисттерге коркутуп-үркүтүү көп болуп келген.


Эгерде коркуткан адам табылып калса, аны коомчулукка чыгарып коюш керек, ошондо башкаларга да мисал болот деп ойлойм. Антпесек мындай нерсе улана берет, ошол адам коркутууга батынып, өлтүрөм дегенге чейин барып аткандан кийин ал адам бүгүн болбосо эртең ошол нерсесин жасашы мүмкүн.

Бизде азыр атылып, өлтүрүлүп жаткан журналисттер менимче ушундай нерседен башталган болуш керек. Алар эч кимге айтпай жашырып келип, аягы атылууга алып келип атат болуш керек. Ошондуктан мындай адамды ачыкка, коомчулуктун талкуусуна, коомчулукка алып чыгып койгон жакшы.

- Маегиңизге рахмат.

Уюлдук байланыш тармагы кимдердин колунда?

1-февралдан тарта уюлдук байланыш 60 тыйынга кымбаттамакчы

Уюлдук байланыш компаниялары 1-февралдан тарта ар бир чалуунун баасын 60 тыйынга кымбаттатмакчы. Монополияга каршы саясат агенттиги буга байланыштуу азырынча эч нерсе айтпасын билдирүүдө.

Айрым талдоочулардын айтымында, уюлдук компаниялардын аркасында өтө таасирлүү адамдар турат.

Уюлдук байланыш - өтө кирешелүү бизнес


Уюлдук байланыш – Кыргызстандагы эң эле кирешелүү бизнестердин бири. 2009-жылдын жыйынтыгына караганда, өлкөдөгү капиталдык айлануусу боюнча алдыда турган эң ири 10 компаниянын катарына “Sky Mobile” жоопкерчилиги чектелген коому (Beeline) менен “Альфа Телеком” жабык акционердик коому (MegaCom) кирген. Тизме боюнча “Beeline” компаниясы үчүнчү орунда, “Кумтөр” менен менен “Газпром нефть Азия” компанияларына куйрук улаш келатат. Ал эми “MegaCom” компаниясы тизмеде бешинчи. Байланыш тармагынын бул эки гиганты капиталдык айлануусу боюнча “Кыргыз темир жолу”, “Түндүкэлектро”, “Кыргызгаз” сыяктуу лөктөрдөн эбак озуп кетишкен.

Ал эми мамлекетке төккөн салыктардын көлөмү боюнча “Beeline” компаниясы “Кумтөрдөн” кийинки экинчи орунга чыгып, былтыркы жылы казынага 942 миллион 200 миң сом төгүшкөн.

Мурдагы президент А.Акаевдин тушунда да уюлдук байланыш өтө кирешелүү бизнес катары саналып, президенттин үй-бүлө мүчөлөрү бул тармакты көзөмөлдөй турганы айтылчу. Андай сөздөр азыркы президенттин тушунда деле айтылып келатат.

60 тыйындын аркасынан чыккан кулак...
Бирок Кыргызстандын шарттарында рынокту тескөө өтө эле оңой да. Анткени Кыргызстан кичинекей мамлекет. Анын экономикасын аз гана адамдын колуна алып коюу оңой.
Т.Акеров

Жакында эле Кыргызстандагы уюлдук компаниялар 1-февралдан тарта ар бир телефон чалуулардын баасын 60 тыйынга көтөрүшөрү жарыяланган. Социал-демократтар фракциясы муну бийлик менен бир ууч бизнесмендердин жең алдынан сүйлөшүүсү, элди каратып туруп тоноосу катары баалашты.

Айрым серепчилер өлкөдөгү ири уюлдук компанияларынын аркасында президенттин үй-бүлөсү турарын айтышат. Маселен, “MegaCom” деген ат менен белгилүү уюлдук операторунун көзөмөлдөөчү акциясы мурда орусиялык “БиМоКом Лтд” ЖЧКчында болчу. Былтыр күзүндө Орусиялык маалымат каражаттары президенттин уулу Максим Бакиев көзөмөлдөгөн “Альфа Телеком” компаниясы “БиМоКом Лтд” компаниясынан акцияларынын бардыгын тартып алганын жазып чыгышкан. “Sky Mobile” компаниясынын аркасында да бийликтеги өтө таасирлүү адамдар турушканы жазылган.

Бирок кечээ Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси М.Бакиев “24.kg” агенттигине интервью берип, ага байланыштуу айтылгандарды ушак, ойдон чыгарылган нерселер катары баалаган.

Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Роза Отунбаева уюлдук байланыштын кымбатташын, “алкымы чоң бийлик менен бир ууч бизнесмендердин жасаганы” катары баалады.

Саясий серепчи Табылды Акеровдун пикиринде, бул сыяктуу көрүнүштөр финансылык пирамида, көз боёмочулук болушу толук ыктымал:

- Аталган компаниялар башка эле адамдардыкы болушу мүмкүн. Бирок Кыргызстандын шарттарында рынокту тескөө өтө эле оңой да. Анткени Кыргызстан кичинекей мамлекет. Анын экономикасын аз гана адамдын колуна алып коюу оңой. Себеби рыноктук шарттарда уруксат берүү кагаздарын айрым гана адамдарга берип, калгандарынан алып таштаса эле рынок бир нече адамдардын колуна өтүп калат.

Ошол сыяктуу байланыш түйүнүндөгү компанияларды алсак, аларга деле шарттарды коюп койсо бааларды көтөрүүгө аргасыз болушат. “Мейли анда силер бааларды 60 тыйынга көтөрүп бергиле, биз силерге кирешенин баланча пайызын берип туралы” деп айтуулары мүмкүн. Мындай пирамидалар экономикасы ачык эмес өлкөлөрдө көп эле түзүлгөн.


Ал арада уюлдук компания өкүлдөрү кымбаттоонун келип чыгышына электрге, жылуулукка, ысык сууга болгон тарифтердин көтөрүлүшү себепчи болгонун, Байланыш агенттигинин 9 центтик чек тууралуу да буйругу ага түрткү бергенин айтышууда.

Улуттук байланыш агенттигинин жетекчиси Кубат Кыдыралиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, 60 тыйынга кымбаттатууну уюлдук компаниялар өздөрү коюп атышканын билдирди.

Монополияга каршы саясат агенттиги алсызбы?
Бул кымбаттатуу алардын ички иши.
М.Мамбеталиев

“Кыргызтелекомдун” башкаруу кеңешинин төрагасы Марат Мамбеталиев да уюлдук компаниялары 60 тыйынга кымбаттатууну өздөрү чыгарышканын, ага Байланыш агенттигинин 9 центтик чек тууралуу буйругу таасирин тийгизбегенин айтты:

- “Кыргызтелеком” байланыш тармагында монополист болгондуктан аны Байланыш агенттиги көзөмөлдөп турат. Ошол себептүү биз тарифти көтөрүп жибербешибиз үчүн агенттик чек коюп койду.

Мына карап көрүңүз. Эгер сиз үй телефону аркылуу уюлдук операторго чыксаңыз, биз алардын тармагына чыгып, аларга акча төлөйбүз. Эгер сиз уюлдук телефондон үй телефонуна (“Кыргызтелеком”) чыксаңыз, анда сиз операторго төлөйсүз, алар бизге төлөйт. Өз ара эсеп-кысап жүрөт. Демек бул кымбаттатуу алардын ички иши.

- Уюлдук компания өкүлдөрү кымбаттатууга 9 центтик чек да себепчи болгонун айтып атышат.

- Жок. Бул эч кандай кымбаттоого таасирин тийгизе албайт. Бул алардын ички иши, тарифти өздөрү коюшат.

Талдоочулардын пикиринде, Монополияга каршы агенттиги монополист компанияларга бааларды негизсиз кымбаттатууга жол бербеши керек эле. Бирок мындай кымбаттатууга жогорку деңгээлде уруксат берилген болсо, агенттик эч нерсе кыла албайт дешет.
Азыр бул суроого толук жооп бере албайбыз. Анткени 4-декабрга чейин көзөмөл Байланыш агенттигинде болчу.
Назира Үсөналиева

Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик агенттиги азырынча бул маселеге комментарий бере албай тургандыгын билдирүүдө.

Аталган агенттиктин директорунун орун басары Назира Үсөналиева “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, буга чейин уюлдук операторлор Байланыш агенттигинин көзөмөлүндө болушканын, аларды көзөмөлдөө процесси агенттикке эми гана өтүп жатканын, андыктан азырынча бир нерсе айтуу эртелик кыларын билдирди:

- Азыр бул суроого толук жооп бере албайбыз. Анткени 4-декабрга чейин көзөмөл Байланыш агенттигинде болчу. Андан кийин бизге өттү. Бирок азыркы кезге чейин бардык архивдик документтер, иш кагаздары бизге берилип атат. Азыр кандайдыр бир жооп айтсак туура эмес болуп калат.

Уюлдук байланыштын кымбаттоосу андан мурдараак болгон электрге, жылуулукка жана ысык сууга болгон баалардын эселеп көтөрүлүшүн коштоодо. Экономисттер болсо мындай кымбаттатуулар рынок мыйзамдары боюнча калган бардык товарлардын, тейлөө кызматтарынын баасын да жогорулатарын айтышууда.

Л. Дарий: ИИМдин алдыга жылууга саясий эрки жетет

Лилиан Дарий: ЕККУ Кыргызстанда Ички иштер органдары менен 2003-жылдан тарта кызматташып келет

Кыргызстанда милициянын ишин жакшыртуу үчүн “Ички иштер органдары тууралуу” жаңы мыйзам долбоор иштелип чыкты жана ал жакында коомчулуктун талкуусуна коюлат. Бул мыйзам долбоор, кыргыз милициясын реформалоо маселелери боюнча Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары Лилиан Дарий “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Лилиан Дарий: - Бул мыйзам долбоорду Кыргызстандын Ички иштер министрлиги иштеп чыккан. Биз, ЕККУ ага эксперттик жардам бердик. Литванын ИИМинин кызматкери эксперт катары келди. Ал мыйзам долбоор менен таанышты, иштеп чыккандар менен сүйлөштү. Долбоорду жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарын берди.

Өткөн жылдын декабрь айында бул мыйзам долбоорду талкулоо боюнча жыйын болду. Ал жакка жарандык коомдун, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү да чакырылган. Биз алар мыйзам долбоорду жакшыртуу боюнча жакшы сунуштарын берди деп үмүттөнөбүз. Бул иш-чараларды максаты биз буга чейин деле айтып келгендей милиция менен элди жакындаштырган мыйзам долбоор кабыл алуу болуп саналат. Милиция элдин кызыкчылыгын коргогон, адам укугун коргоодо эл аралык стандарттар менен иштеген чыныгы кызмат болушу керек.

Азыр бул мыйзам долбоор ИИМде жана өкмөттө кошумча-алымча киргизилип жатат. Биз литвалык эксперт белгилеген оң сунуштар эске алынат, кошулат деп үмүттөнөбүз. Ошондо гана милиция кызматкерлерди да, атуулдарды да коргогон жакшы мыйзам болот.

"Азаттык": - Сиздер Кыргыз ички иштер органдары менен жети жылга жакын убактан бери кызматташып келесиздер. Бирок соңку учурда айрым жергиликтүү укук коргоочулар сиздердин дарекке “милицияга жардам бергени менен ал жардамдардан оң натыйжа чыгып жатабы же жокпу текшербейт, милиция оңолгон жок” , деген сыяктуу бир топ сындарды айтып келет. Мындай сындарга негиз барбы?

Лилиан Дарий: - Сиз өзүңүз туура белгилегендей кыргыз өкмөтү менен Ички иштер органдары жаатта кызматташуу боюнча программабыз 2003-жылы башталган. Ошол жылдын август айында ЕККУ менен кыргыз өкмөтү ортосунда Бири-бирин тушүнүү боюнча меморандумга кол коюлган. Оболу Ички иштер органдарына жардам берүү программасы деп аталган. Анын негизги макстаты кыргыз милициясын реформа үчүн даярдоо болгон. Башкача айтканда, кыргыз милициясын эл аралык, европалык реформага алып келчү шарттарды түзүү болчу.

Бул программа 2005-жылга чейин созулду. Ал бир топ компоненттерден турган. Ошол кездеги кыргыз милициясынын абалы, анын ичинде техникалык базасы эске алынган. Тактап атйканда, бир топ компоненттер боюнча жардам берилген. Маселен бир бөлүгү кылмышты иликтөөнүн сапатын жакшыртуу, маңзаттарга каршы күрөшүүдө ички иштер органдарынын потенциалын чыңдоо болчу.

Милицияга, эл менен күнүгө иштеген участкалык милицияга элдин ишенимин бекемдөө зарыл
Ошондой эле дагы бир маанилүү компонент эффективдүү “102” кызматын түзүү эле. Бул элге түз жардам берүү болуп эсептелет. Ошол эле оперативдүү маалыматты анализдөө системасын колдонуу боюнча эл аралык тажрыйбаларды киргизүү жаатта иштер жүрдү. Айрым техникалык жардамдар аркылуу кылмыш иликтөө бөлүмүндө байланыш системасы жакшыртылды. Менимче, өтө маанилүү жагдай - кварталдык милицияны киргизүү боюнча иштер жасалды. Башкача айтканда, ИИМдин эл менен түздөн-түз иштеген кызматкерлери эл аралык, демократиялык стандарттарга ылайык иштеши үчүн шарт түзүүгө аракеттер көрүлүп жатат. Милицияга, эл менен күнүгө иштеген участкалык милицияга элдин ишенимин бекемдөө зарыл.

ИИМдин академиясынын, башкача айтканда кадрларды даярдоо потенциалын бекемдөө да маанилүү болгон. Милиция кызматкерлерин окутуу программасына эл аралык мыкты тажрыйбаларды киргизүү зарыл болчу.

Акырындап биз жаңы этапка келдик. Биз аны Ички иштер органдарын рефомалоо программасы деп атадык. Биз мына мыйзам долбоор тууралуу сүйлөшүп жатабыз. Бул милиция кызматкерлеринин сапаттуу иштешине шарт түзүп берүү үчүн дагы башка мыйзам актыларды реформалоонун башаты болуп калышы мүмкүн.

Биз Ички иштер органдарын реформалоо узакка созулган долбоор экенин түшүнөбүз. Анан биз муну өтө тездик менен ишке ашат деп да күткөн эмеспиз. 2005-жылы кыргыз өкмөтү, администрация алмашты. Ошондуктан биз кийинки бийлик менен да реформага кантип киришүү керектиги боюнча көп талкууладык. Бүгүнкү күндө кыргыз бийлигинин да, жарандык коомдун да милицияны реформалоо керектигин түшүнөт деп үмүттөнөбүз. ИИМ бул жаатта керектүү планды иштеп чыкты. Мен дагы бир жолу ушул жерден бул процесстерге элдин өзү, жарандык коом аркылуу катышуусу зарыл экенин баса белгилеп кетким келет.

Биз ИИМди милициянын ишинде тилекке каршы дагы да кездешип жаткан терс жактарды жоюу үчүн жарандык коом менен диалогго барууга үндөп келебиз. ИИМдин америка өкмөтү менен кызматташуусунун негизинде жарандык көзөмөлдү киргизүү органын түзүү боюнча иштер жүрүп жатканын колдойбуз. Мага белгилүү болгондой бүгүнкү күндө мындай структура түзүлдү. Азыр аны ишке киргизүү аракеттери жүрүп жатат. Тактап айтканда ички иштер органдары өздөрүнүн ишендеги кемчиликтерди жоюу боюнча жарандык коом менен биргелешип иштөө боюнча механизмдер бар.

Ички иштер органдарынын ишиндеги кемчиликтерди ИИМ да, биз дагы байкайбыз, бирок азыр аларды жоюу үчүн иштеп жатабыз. Биз үчүн жарандык коом бул процесстерде биздин өнөктөш болуп эсептелет жана биз алар менен көп аспектилер боюнча кызматташууну
Кыргызстанда айрым жергиликтүү укук коргоочулар милиция укугунан ашкере пайдаланат деп айыптап келишет
улантууну көздөйбүз. Биздин бул жаатта долбоорлорубуз бар. Мисалы кыйноого каршы күрөшүү боюнча. Биз эл аралык уюмдар, Кыргызстандын Акыйкатчысы менен кыйноолорго каршы улуттук механизмди БУУнун кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча Конвенциясынын факультативдик протоколуна ылайык түзсө өзүнүн ийгиликтерин алып келет, өтө оор маселелер чечилет деп үмүттөнөбүз. Ички иштер органдарынын ишинде тилекке каршы кыйноолорду колдонуу практикасы дале бар.

Мен дагы бир жолу биздин негизги максатыбыз милиция адамдардын конституциялык, атуулдук укуктарын коргоого алышы экенин баса белгилеп кетким келет. Бздин бүт ишибиздин баары дал ушуга багытталган.

"Азаттык": - Айрым маалыматтар боюнча ЕККУнун Бишкек борборунун милицияга жардам берүү долбоорунун бюджети борбордун калган баардык программаларынын бюджети менен тең деп айтылып жүрөт. Бул чынында эле ошондойбу?

Лилиан Дарий: - Бул андай деле эмес. Мисалы биздин борбордун быйылкы бюджети беш жарым миллион еврону түзөт. Ички иштер органдары тууралуу программа үчүн бөлүнгөн каражат жыйырма пайызга жетпеген бөлүгүн түзөт. Башкача айтканда, бир миллион дагы бир канча евро болот. Менде азыр так саны жок эле. Калган акчалар экономикалык, аскердик-саясий долбоорго бөлүнгөн.

ЕККУ Ички иштер органдары боюнча программага жылына бир миллиондой евро бөлөт
Биз каражаттарды фиктивдүү колдонгонго аракет кылабыз. Мен алтүгүл акчанын көлөмө өтө маанилүү деле эмес деп айтат элем. Биз үчүн эл аралык тажрыйба маанилүү. Эл аралык эксперттерди, биздин кызматкерлерди чакырабыз. Биздин Венадагы кеңсебиз көп жардамдарды берет жан аларды материалдык нерсе менен өлчөөгө мүмкүн эмес. Мына окурмандар өздөрү бааласын, мен дагы бир жолу кайталап кетейин - Ички иштер органдары боюнча программага жылына бир миллиондой евро бөлүнөт. Андан биздин кызматкерлерге да айлык берилет. Тактап айтканда, ички иштер органдарына берилген материалдык, техникалык жардам биз үчүн приоритет эмес. Эң башкысы принциптерди алга жылдыруу, мыйзамдык базаны реформалоо, буга чейин белгилеп кеткендей эл аралык, европалык тажрыйбага ылайык принциптерди киргизүү болуп саналат.

"Азаттык": - Сиз азыр Кыргыз ички иштер органдарын реформалоо боюнча жасалып жаткан иш-аракеттердин жыйынтыгын, жемишин көрүп жатасызбы?

Лилиан Дарий: - Эми кайсы бир жаатта натыйжа бар. Мен мисалы “102” борбору тууралуу айтып кеттим. Эгер сиз ал жакка барып калсаңыз, сизди киргизет. Сиз ал жактан алардын кантип иштеп жатканын көрсөңүз болот. Менин оюмча, бул борбор мындан беш-алты жыл мурдагысына караганда өтө айырмаланып турат. Бул да болсо милицияны элге жакын кылууга карата жасалган бир кадам болуп эсептелет. Алар элдин керектөөсүн канааттандыруу үчүн тез чара көрүшү керек.

бийликтин кыргыз милициясын заманбап, демократиялуу полиция кызматына айлантуу боюнча саясий эрки бар
Эгерде ИИМ менен биздин кылмышты иликтөөнүн сапатын жакшыртуу боюнча иштерибизге келсек, бул иштер да эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүшү керек. Бул жерде адам укугу сакталышы керек. Менимче, иликтөөнүн сапатын жакшыртуу кыйноолорго каршы күрөшүү жаатта абалды жакшыртууга алып келиши керек. Эгерде милиция кызматкери кылмышты сапатуу иликтөө боюнча билими жетиштүү болсо, анда ага шектелип жаткан адамдардан далилдерди, көрсөтмөнү кыйноо жолу менен алуунун кажети жок болуп калат. Биз ушул жаатта иштеп жатабыз.

Бирок биз ички иштер органдарындагы мындай жылыштарды азыр эл сезе билиши үчүн аздык кыларын аңдап-билип турабыз. Ошондуктан бул жатта иштөөнү, ИММге реформалануу боюнча жардам берүүнү улантуу керек. Менин оюмча, бийликтин кыргыз милициясын заманбап, демократиялуу полиция кызматына айлантуу боюнча саясий эрки бар.Аларп жарандык коом бул процесстин ажырагыс бөлүгү экенин да түшүнүшөт деп үмүттөнөм. Ошондуктан баарыбыз чогуу илгерилеп, милиция, же кайсы бир адамдарга, же бизге эмес, эң оболу элге кереги тийген чечимдерди табышыбыз керек.

"Азаттык": - Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын 2009-жылдагы адам өнүгү боюнча улуттук баяндамасы Кыргызстан жаштарына арналган. Ал жерде иликтөөнүн негизинде жаштардын үчтөн бир бөлүгү милициядан коркоору анык болгон. Сиздин оюңузча бул эмнеден кабар берет?

Лилиан Дарий: - Мен жанатан биздин, ЕККУнун башкы максаты Милицияны элге жакын кылуу, элге кызмат кылдыруу экени тууралуу көп нерселерди айтпадымбы. Бизге Кыргызстанда ушундай көп жаштар милициядан коркору өкүнүчтүү. Бул кыргыз милициясы дагы
Кыргызстанда жаштардын үчтөн бир бөлүгү милициядан коркот
реформалоого, коомдун ар кандай катмарлары менен жакындашууга муктаж экенин далилдеп турат. Бул жерде кварталдык милициянын өзөгүн түзүп турган участкалык инспекторлордун ролу чоң. Анан акырындап ушундай терс имиджди оңдоо керек. Коомдук пикирди сурап-билүү бул абдан жакшы инструмент. Бул министрликке өзүнүн ишмердүүлүгүн оңдоого жардам берет. Биз дагы да болсо, ИИМдин, өкмөттүн абалды оң жакка оңдоого эрки, саясий эрки жетерине үмүттөнөбүз.

"Азаттык": - Сиздин оюңузча кыргыз милициянын ишиндеги эң башкы кемчилик эмнеде турат?

Лилан Дарий: - Мен бул жаатта адис болбогондой кийин баа берүү кыйын. Бул көп кабаттуу, көп кырдуу маселе. Аны ар дайым иликтеп, изилдеп, иште кезиккен кемчиликтерди оңдоп туруу керек.

Мен дагы бир жолу айтып кетейин, алдыга жылуу үчүн саясий эрк бар. Министрлик сындарды кабыл ала билүүнү улантышы керек. Сындарды азыркы болуп жаткан көрүнүштөрдүн баасы деп кабылдап, аны оңдоого аракет кылышы зарыл. Мындай кырдаал көйгөйлүү маселелер бар экенин айгинелеп турат. Алардын кайсынысы эң негизги экенин айта албайм. Бирок элдин милицияга ишенимин чыңдоо боюнча иштөө керек. Ал үчүн иштин сапатын жакшыртуу зарыл. Ан үчүн эл анын кызыкчылыгын коргоп жаткан милициянын ишин көрүшү керек. Тактап айтканда, алдыга жылууну улантып, эл милицияга ишенген, милицияга таянган, тартип коргоо органдары дурус иштегендиктен жакшы жашап жаткан өлкөлөрдүн тажрыйбаларын пайдалануу маанилүү.

"Азаттык": - Рахмат маегиңизге.

Жыйынды атмайдан жанында өткөргүлө!

Президенттик шайлоодон кийинки нааразылык чараларын таратуу. Бишкек, 2009-жылдын 29-июлу.

Тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзамдын биртоп беренелери Башмыйзамга кайчы келерин ырастап, айрым бейөкмөт уюмдар өткөн жылы Конституциялык сотко кайрылган. Быйыл 28-январга белгиленген соттук териштирүү кийинкиге жылдырылды.


Кийин келгиле


Конституциялык соттун териштирүүсү кийинкиге жылдырылышынын себеп жөнүн “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулова момундай жагдайга байланыштуу түшүндүрдү.

- Биз өзүбүздүн өтүнүчүбүздө, Нурбек Токтакуновдун өтүнүчүндө ошол 4-5-беренени, башкача айтканда, өткөзө турган жерди, маалымдоонун мөөнөтүн берген элек. Ал эми азыр болсо мен кошумча өтүнүч киргиздим. Кошумча өтүнүчтө шилтеме болуш керек эмес, деп көрсөтүлдү. Жергиликтүү бийлик аныктайт, деген норма жок болуш керек.

Буга чейин Конституциялык сот Бишкек шаар кеңешинин тынч көчө жыйындарын белгиленген жерде өткөрүү жөнүндөгү эки токтомун жокко чыгарган. Анткен менен Башмыйзамга кайчы келчү эреже-талаптын 2008-жылы парламент тарабынан кабыл алынган тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзамга кирип кетиши эмдигиче табышмак.

Адвокат Нурбек Токтакуновдун ырасташынча, конституциялык соттун айныксыз чечими чыккандан кийин ал так аткарылышы керек болчу.

- Азыр кайра-кайра карап эле, мисалы Бишкек шаар кеңешинин токтомун Конституциялык сот жокко чыгаргандан кийин кайра эле Жогорку Кеңеш мыйзамга киргизип койду. Ошондой азыр жосундар көп болуп жатат. Конституциялык сот четке каккан норманы Жогорку Кеңеш кайра эле киргизип коет.

Бишкекте тынч жыйындар атмайданда өтөт

Тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзамдын 3 - 4 – 5- 9-беренелери Конституцияга карама-каршы келери эми соттук териштирүүдө аныкталмакчы. Маселен, мыйзамдын 3-беренесинде тынч жыйындарды кайсы жерде өткөрүүнү жергиликтүү бийлик ээлери чече тургандыгы белгиленген.

Парламент депутаты, коммунисттер фракциясынын мүчөсү Бүмайрам Мамасейитованын пикиринде, мындай норма Башмыйзамга кайчы келбейт.

- Мэрия, жергиликтүү бийлик кайсы жерди көрсөтсө ошол жерде өткөрүш керек. Анан бир күнү бир аянтта, эртеси күнү дагы бир аянтта, көчөдө өткөрө бере турган болсок көчөгө чыгып кете беребиз.

Парламенттеги “Ак Жол” фракциясынын мүчөсү, депутат Динара Молдошева да тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзам Конституцияга карама-каршы келбейт деген пикирде.

- Эгерде биздин жарандар жыйын, митинг өткөрөбүз дешсе маалымат катары жергиликтүү бийликке 12 күн мурун айтышы керек. 12 күн эмнеге берилип атат? Эгерде мэрия, жергиликтүү бийлик жок, өткөрбөйсүңөр десе а бирок жарандарыбыз ага карабай өткөрө бере тургандыгын айтышса ошол жергиликтүү бийликке 12 күн ичинде жергиликтүү сотко кайрылышы керек. 12 күн ошол уруксат бербеген жергиликтүү бийликти сотко берүүгө берилип жатат.

Акыйкатчы да мыйзам даярдаган

Бейөкмөт уюмдардын маалымдашынча, 2005-жылкы бийлик алмашуусунан соң байма-бай өткөрүлүп келген тынч көчө жыйындарынын саны азайган. 2008-жылы мыйзам кабыл алынгандан кийин жыйырмадан ашуун гана жыйындар өткөн. Анын төртөөнө гана жергиликтүү бийлик тарабынан уруксат берилген.

Парламенттеги коммунисттер фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиевдин демилгеси менен иштелип чыккан тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзам адам укугу боюнча эларалык уюмдардын да сынына кабылган.

Кыргызстан өзүнө алган адам укуктарын сактоо боюнча милдеттенмелерин аткарышын эсепке алып Кыргызстан Акыйкатчысынын алдында түзүлгөн укукчулардын демилгеси менен тынч жыйындар жөнүндө жаңы мыйзам долбоору иштелип чыгып, ал Венеция комиссиясынын жактыруусуна ээ болду. Жарандык коом өкүлдөрүнүн жыйындарында талкуудан өтүүдө. Жаңы мыйзамдын парламенттен өтүшү азырынча арсар. Конституциялык сот чечими менен ушу тапта иштеп жаткан мыйзамдын топ беренеси жараксызга чыкса жаңы мыйзам долбооруна жол ачылып кетиши деле мүмкүн.

М. Чолпонбаев: Мамлекет бир саат да башчысы жок калбаш керек

ЖК Конституцияга өзгөртүү киргизген мыйзам долбоорун карашы күтүлүп жатат. Жаңы долбоорго киргизилген сунуштар боюнча БЭКтин мүчөсү, ЖКнын мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев "Азаттык" менен ой бөлүштү.


- Мурда күнү ЖКнын тиешелүү комитети долбоорго президент өз милдетин аткаралбай калган шартта убактылуу президентти үч күн ичинде Мамлекеттик кеңеш аныктайт, ага Жогорку Кеңештин төрагасы, өкмөт башчы жана Президенттик кеңешменин мүчөлөрү кирет деген сунуш берди эле, аны кечээ фракциялар карап, дээрлик колдоп беришти. Буга сиздин пикириңиз?


- Менин пикиримде, бул негизи Конституциянын жалпы рухуна карама-каршы келе турган нерсе. Анткени Конституциянын эң эле башында жазылып турат - бийликтин негизги бутагы жана ээси болуп эл эсептелет деп. Анан азыркы президентибиз, азыркы Жогорку Кеңешибиз туура шайландыбы, туура эмес шайландыбы эл тарабынан шайланды деп эсептелет. Демек мына ушулар гана бийликти жүргүзүш керек. Ал эми аткаруу бийлигинин башчысы, премьер-министрибиз бул эл шайлаган Жогорку Кеңеш тарабынан сунуш кылынып, президент тарабынан бекитиле турган жогорку кызмат адамы болуп эсептелет. Ошого байланыштуу азыркы аракеттеги Конституцияда жазылган, эгерде президент өз милдетин аткаралбай кала турган болсо анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы, ал киши да башкаруудан баш тартса, анда премьер-министр аткарат деп ачык эле жазылып турат.

Демек бул элдин өкүлдөрү тарабынан эл шайлаган, эл ишенген адамдар аткарат дегенди билдирет. Ал эми 14-декабрь, 2009-жылы президент сунуш кылган долбоордо Президенттик кеңеш деп турат да, аны Мамлекеттик кеңеш деп койгондон Асанды Үсөн деп атап койгондой эле айырмасы жок, эч нерсе өзгөргөн жок. Ал эми президент өзүнүн милдетин аткарбай калган кезде эл шайлаган конституциялык органдар анын ордуна адамды дайындоонун ордуна Мамлекеттик кеңешти кеңеш бере турган орган деп коебуз, мына ошол орган сунуштап, ошол президенттин милдетин аткарчу адамды дайындоонун өзү бул натуура деп эсептейм.

- Ошол эле мезилде кечээ Юстиция министри айтып атпайбы муну, убактылуу президентти тандоого талапкерлер көп болот, бул алгылыктуу нерсе деп. Мунун логикасы кандай сиздин оюнузча?

- Бул алгылыктуу нерсе эмес. Ар бир мамлекетте бир күн дагы, бир саат дагы мамлекет башчысы жок калбаш керек. Мына ошондуктан мамлекет башчы жок болуп калганда анын ордуна милдетин ким аткарат деп аны эрте эле аныктап коюш керек. Анан кеңешме чакырып, анын ичинде “сен болосуң, сен болбойсуң” деп ал жерде талашып отргандын өзү туура эмес маселе. Курамы 8 кишиден кем болуп калса, добуштарк ем болуп шайланбай калышы мүмкүн деген бул туура эмес, бул юридикалык оюндар деп эсептелет да. Чындап келгенде президенттин алдында түзүлө турган кеңешме бул президент кимди жакшы көрсө ошол адамдардан түзүлө турган нерсе. Ошондуктан эч качан талаш-тартыш болбойт, ал курамы 6 адамдан болобу, ондон болобу, мындан эч нерсе өзгөрбөйт.

- Рахмат маегиңзге.

“Азаттыкты” коргоо кыймылынын акциясын милиция токтотту

Бүгүн саат ондо УТРКнын алдына “Азаттыкты” коргоо кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаров “Азаттык” үналгысынын үнүн жалпы Кыргызстан аймагына жеткирүү талабы менен нааразылык чарасына чыккан. Бирок милициянын кийлигишүүсүнөн улам ал акциясын көп узабай токтотууга аргасыз болду.

Өндүрүш Токтоназаров талаптары жазылган кагазын жая электе эле мурдатан даярданып турган Ленин районунун милициясы келип, чакырыктарын алып койду. Андан кийин ага Ленин райондук прокурору Г.Кожокулованын атынан эскертүү тапшырылып, акцияны токтотууга үч мүнөт убакыт берилди.

Ленин райондук прокуратурасы өз эскертүүсүндө Бишкек шаардык мериясынын № 401 токтомуна ылайык, тынч жыйындар Толстой, Термечиков, Алыбаев жана Репин көчөлөрү менен чектелген эс алуу багынын аянтында гана өткөрүлүшү керек деп жазат.

Буга жооп ирээт Өндүрүш Токтоназаров “Баш мыйзам шаардык мэриянын токтомунан улук” деп, өз акциясын «Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу; митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө» мыйзамына ылайык өткөрүп жатканын, бул үчүн он эки күн мурда Бишкек шаардык мэриясына кат аркылуу билдирилгенин айтты.

Милиция үч мүнөт аралыгында камакка алынарын эскерткенден кийин гана акция катышуучусу кетүүгө аргасыз болду. Окуяга ЕККУ уюмунан өкүлдөрү жана журналисттер байкоо салып турушту.

Өндүрүш Токтоназаров милиция аны буга чейин эле акциядан баш тартууга үндөп, түшүнүк кат жазууга мажбурлаганын билдирет.

Милиция “административдик тартипти бузду” деген негиз менен акцияга чыккандары камакка алат деп кооптонгон Ө. Токтоназаров бүгүн Улуттук теле-радио корпорация алдына жалгыз чыгып, “Азаттык ” берүүлөрүн обого чыгарууну бийликтен талап кылмакчы болгон. УТРК жетекчилиги бул иш-чарага карата эч кандай мамилесин билдирген жок.

“Азаттык” үналгысынын теледолбоорлору жана радиоуктуруулары 2005-жылдын март айынан кийин жалпы республикага УТРК аркылуу тарай баштаган. Көп өтпөй улуттук телеканал келишимди бир тараптуу бузуп, “Азаттыктын” радио жана телеберүүлөрүн берүүнү токтоткон.
“Азаттыкты” коргоо кыймылынын акциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00
Түз линк

28-январь: Тарых барактары

ГДРдеги Улуттук элдик армия 1956-жылдын 28-январында түзүлгөн

Кыргыздардын Энесай өрөөнүндөгү миң жылдан ашык жаркын тарыхынын акыры XVIII кылымдын башталышында соңуна чыккан. Кыргыздардын колунан ооматтын оошуна адегенде, алардын тышкы күчтөргө каршы жүргүзгөн саясатынын кесепети тийген.

Падышалык Орусиянын Сибирь бийлигинин билдирүүсүнө караганда, 1694-жылдын башталышынан тарта кыргыздарга жунгарлар топ-топ болуп келе башташкан. Жунгарлар кыргыздардан кол курап, орус чептерине кол салууну көздөп жатпасын деп кооптонгон Кузнецк воеводасы А. Синявин 1694-жылдын 28-январында чалгындоо максаты менен атаман М. Поповду алтырлык кыргыздарга жөнөткөн.

Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыл аскерлер депутаттар Кеңеши 1933-жылдын 28-январында жүк ташый турган унаа жана жандыктары бар адамдар үчүн мажбур эмгек түрүн киргизген. Унаасы бар ар бир шаардык адам сөсүз түрдө Рыбачье шаарынан Кантка чейин 640 килограмм нан ташып келүүгө милдеттендирилген.

Улуу Ата мекендик согуш маалында курчоого алынган Ленинград шаарынын бошотулушу туурасындагы кабар Кыргызстанда жылуу кабыл алынган. Шаардын бошотулушу Фрунзе шаарына эвакуацияланган Лесгафт атындагы дене тарбия институтунун эмгек коллективинде зор кубаныч жаратып, лесгафтчылар 1944-жылдын 28-январында студенттер менен бирдикте митинг өткөрүшкөн.

Айтылуу КырТАГ аталган телеграфтык агенттик 1937-жылдын 28-январь күнү уюшулган. Кыргызстандын коомдук-экономикалык, саясий жана маданий турмушунда жасалган өрнөктүү окуялар КырТАГ аркылуу таратылып турган. КыртАг агенттиги Кыргызстан эгемендик алгандан кийин «Кабар» агенттигине өзгөртүлгөн.

Пётр I 1724-жылдын 28-январь күнкү жардыгы менен Санкт-Петербург шаарында Россия Илимдер Академиясы жана Академиялык университетти негизделген. Азыркы «Санкт-Петербург мамлекеттик университети Пётр I курган илим борборунун мураскери деп эсептелинет. Россия Илимдер Академиясы жана Академиялык университетин убагында Миллер Герард Фридрих (1747—1750), Крашенников Степан Петрович (1750—1755), Ломоносов Михаил Васильевич (1758—1765) сыяктуу көрүнүктүү илим адамдары жетектешкен.

Пётр I 1724-жылдын 28-январь күнкү жардыгы менен Санкт-Петербургда Адмиралтейлик-коллегиянын архиви (азыркы РГА ВМФ) негизделген.

Лондондун көчөлөрү дүйнөдө биринчи жолу 1807-жылдын 28-январында газ менен жарыктандырылган.

Түркиянын жаңы парламенти 1920-жылдын 28-январында Анкара резолюциюсын жактырган. Анкара резолюциясында мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн жактаган чечим кабыл алынган.

Германия 1935-жылдын 28-январында биринчи жолу жасалма каухарды чыгарган.

ГДРдеги Улуттук элдик армия 1956-жылдын 28-январында түзүлгөн.

Дүйнөлүк космонавтикадагы кайгылуу окуя 1986-жылдын 28-январында болгон. Ичинде жети астронавт болгон америкалык «Челленджер» космос корабли учканына 73 секунд өтпөй абада жарылган.

Бокс: Дүйшөнкул Шопоковду эскерген эл аралык мелдеш өтүүдө

Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүүгө арналган бокс боюнча эл аралык турнирдин күч сынашуулары башталды.

27-январда Бишкекте башталган эл аралык бул бокс мелдешине Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажистан жана Кыргызстандын тандалган эки жүзгө жакын булгаары мээлей чеберлери катышууда. Быйыл 36-ирет өткөрүлүп жаткан мелдештин ачылыш салтанатында өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин жетекчиси Айдарбек Керимкулов боксчуларга ийгилик каалады.

Кыргызстандын Бокс федерациясынын президенти, өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Абдубахит Халмурзаевдин айтымында, бул мелдеш дүйнө, Азия чемпионаттарына жана быйыл Гуанжоудо күзүндө боло турган 16-Азия оюндарына талапкер жигиттерди сыноонун бир баскычы катары өтүүдө.

Рингдеги күч сынашуу он бир салмак боюнча улантылып, жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн иргеп алуу таймаштары болууда. Мелдештин дагы бир өзгөчөлүгү Эл аралык бокс федерациясынын былтыркы чечимине ылайык, 3 мүнөттөн 3 раунд таймашуу менен өтүүдө. Буга чейинчи эл аралык, дүйнөлүк мелдештер, чемпионаттар ар бири 2 мүнөттөн 4 раунд күч сынашуу менен өтүп келген.

Жеңил салмактарда алгачкы беттешүүлөрдө кыргызстандык Асылбек Назаралиев, Нурлан Кобашев, Миртилек Шеров, Нурсултан Пазылов, Олилжан Боранов, Сапарбек уулу Тилек жана башка жигиттер жеңишке жетишти.

Өзбекстандык спорт чеберлери Жалол Аскаров, Асыл Шарипов жана казакстандык Бекман Сойлыбаев, Мухит Амантаев дагы кийинки беттешүүгө укук алып, утуп чыгышты. Жеңил салмактагы орусиялык Рафик Магеррамовдун чеберчилиги жогору бааланды.

Мелдештин кийин жеңишке жетишкен жалалабаттык Миртилек Шеров алдыда дагы 4 таймашуу турганын, башкы максаты Лондон олимпиадасына жолдомо алып, мөрөйгө жетүү экенин “Азаттыкка” билдирди.

60 кг. салмакта 16 беттешүү болуп, мында Афина жана Бээжин олимпиадаларынын катышуучусу, кыргызстандык Асылбек Таласбаев, Улан Кулчиев, Николай Ким, казакстандык Зангар Нускабаев, Абылай Хусаинов, Нурбол Алтаев, орусиялык Андрей Ковалдын кийинки мөрөй талашууга жолу ачылды.

27-январдагы рингдеги күч сынашууларда 64 жана 69 кг. салмактарда дагы атаандаштарын утуп, кийинки таймашууларга укук алгандар болду.

Айрыкча кытайлык боксчу Асылхан Ерзаддын чеберчилиги жогору экени айгине болду.

Жогорку Кеңештин депутаты, профессиналдык бокстан дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орузбек Назаров бул мелдешти “А” тобундагы таасирдүү турнирге айландырууга аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

Чынында 1974-жылдан бери Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Андрей Курнявка, Нурлан Абдыкалыков, Алмаз Райымкулов , Нурбек Касенов, Таалай Кадыралиев, Айбек Абдымомунов жана башкалардын чоң спорттогу тушоосу Дүйшөнкул Шопоковду эскерүү мелдешинде кесилип, алар спортко тагдырын арнаган.

Спорттук баяндамачы Сурат Жылкычиевдин айтымында, Кеңеш курамы учурунда бул мелдештин кадыр-баркы жогору болсо, эгемендүүлүк алганы таасири төмөндөп кеткен:

- Кийинки үч-төрт жылдан бери кайрадан уюшкандыкта өткөрүлө баштады. Быйылкы мелдешке катышкан кыргызстандык жаштардын дарманы чектелүү экени өкүндүрөт. 3 раунддук таймашуунун аягында шайы ооп, муштуму көтөрүлбөй калып жатат. Казакстандык жигиттердин даярдыгы дурус, чеберчилиги жогору экен.

Мелдештин биринчи күнүндө 44 беттешүү болуп, таймашуулар 8 сааттан ашык созулуп, мында мыктылар иргелип, кийинки таймашууга укук алышты.

Ар күн сайын мөрөй талашуу саат 12де башталып, мыктылар тандалып жатат. Эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү 31-январда аныкталат.

Ынтымак курултайы көпүрө боло алабы?

”Азаттык” үналгысынын “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы Ынтымак курултайын өткөрүү маселесине арналды.

Талкууга катышкандар:


Коомдук ордо кеңешинин төрагасы, Ынтымак курултайын өткөрүү комитетинин мүчөсү Садыкбек Аблесов






Бириккен Элдик кыймылдын төрагасынын орун басары, “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев



Ынтымак курултайы көпүрө боло алабы? 1-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00


“Азаттык”:
Садыкбек мырза, президент Курманбек Бакиев 21-январда калкка кайрылып, анда Ынтымак курултайын өткөрүү демилгесин көтөрдү жана ага элдин арасынан татыктуу адамдарды тандоону сунуш кылды. Албетте Конституцияда курултай жөнүндө атайын жобо бар. Бирок анда курултайдын укук, милдети так жазылган эмес. Азыркы курултай жөнүндөгү жободо да кабыл алынган чечимдер сунуш иретинде тиешелүү мекемелерге берилет деп жазылган экен. Ошондуктан курултайда кабыл алынган чечимдер кандай укукка жана мыйзамдык күчкө ээ болорун түшүндүрө кетсеңиз?

Садыкбек Аблесов: Ынтымак курултайын түзүү маселеси мурунтадан эле айтылып келатат. Себеби саясат таануучулар, саясатчылар жана маселени түшүнгөн кишилердин көбү кыргыздарда илгертен эле маселелерди курултайлар чеччү деп айтып келатат. “Курултай болуш керек, бул туура болот эле” деген элдин үнү президентке жетип, ошондуктан ушул чечимге келди го деп ойлойм.

Айрымдар “бизде бир-эки жолу курултай болгон, элдин тарыхы жөнүндө жалпы сөз болуп эле кол чабуулар менен тарап кеткен” деп айтып атат. Бул жолку курултайдын системасы ынтымакка келтириш керек деп кичине башкача болгону турат.

Президенттин “кыргыз мамлекети, кыргыз элинин түбү Кыргызстан болгондон кийин ушул кыргыз элинин тегерегинде этнос элдер да өсүш керек” деп айткан сөзү мага жакты. Дагы бир чоң маселе айтылып атат: ушул курултайга эстүү-баштуу, элдин, жердин көйгөйүн түшүнгөн, маселелерин билген кишилер шайланса деген пикирлер бар. Мурун аким, губернаторлор чогулуп келип эле курултайлар өткөн да. Азыр болсо ар бир айыл округунан атайын бирден өкүл деген сунуш бар.
Коомдук ордо кеңештин маселеси башка. Бири-бирин эч кайталабайт.


“Азаттык”: Президент өзүнүн телекайрылуусунда ушул курултайга катыша турган адамдардын саны жөнүндө айтып кетти. Эми ушул Ынтымак курултайында кабыл алынган чечимдер кандай мыйзамдык күчкө ээ болот?

Садыкбек Аблесов: Курултайдын 750 мүчөсү болот. Бул жерде эң негизгиси - курултайдын жумушчу органы түзүлүп атат. Менин Коомдук ордо кеңешиндеги тажырыйбам боюнча ошол орган иштей турган болсо, мында туура маселелер коюлуп, жер-жерлерден келген мүчөлөрдүн ар бири өзүнүн регионунун маселелерин карай турган болсо, ошол жумушчу орган керектүү мыйзам катарында кабыл алып, ошону Жогорку Кеңешке сунуш киргизип, өкмөт чече турган маселе болсо өкмөткө берип, президент чече турган маселе болсо президентке жеткирсе, анда курултайдын мааниси да, келечеги да бар.

“Азаттык”: Демек кабыл алынган чечимдер мыйзамдык күчкө ээ болуп, мамлекеттик органдар аткарууга милдеттүү болот деген ойдосузбу?

Садыкбек Аблесов: Милдеттүү болот. Себеби маселени туура кое турган болсо, бүгүн чечилбесе, баары бир эртең чечилет. Кеп маселени туура койууда.

Курултай шайлоо алдында гана керекпи?

“Азаттык”: Эмилбек мырза, Ынтымак курултайын өткөрүү жөнүндөгү алгачкы кайрылуу болгондон кийин эле сиз “Ынтымак курултайы эмес, бийликке жагынгандардын курултайы болот” деп айттыңыз. Эмне үчүн сиз абдан каршы болуп жатасыз? Сиз элдин арасынан татыктуу адамдар чогулуп, мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүгө каршысызбы?

Эмилбек Каптагаев: Жок, курултай деген мамлекеттик маселени чечүүдө орчундуу орун ээлеш керек деген маселени төрт жылдан бери эле биздин партия деле көтөрүп келатат. Курултай концепциясын иштеп чыгып, ошол эле өкмөткө да сунуш кылганбыз.
Көп маселелердин ичинен керектүүсүн табыш керек. Ошол керектүү маселени чече турган болсок калгандары өзүнөн өзү тартылып чечилип кетет.


Ошол курултайдын уюштурулуп атканын жакшы деп эсептейм. Бирок ошол жакшы нерсенин маанисин, мазмунун өзгөртүп, кой териси сыяктуу болуп атат. Анткени ынтымак деген сөздүн астында калыстык жана адилеттик деген турат. Үй-бүлөдө деле калыс сөз болбосо, адилет чечим болбосо ынтымак болбойт, айылда, мамлекет, коомдо деле ошондой. Эгерде ынтымак деген сөздүн артында калыс сөз айтылып, адилет чечим чыкпай турган болсо эч кандай ынтымак болойт.

Ынтымак курултайы болбойт дегеним, түзүү принциби кандай болуп атат? Ар бир айылдык округда азыр жергиликтүү жамааттардын курултайы деген Акаевдин убагында түзүлгөн орган болгон. Аларга кимдер кирет? Ошол айылдык округдагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтү кирет. Райондук деңгээлдеги курултайга райондук деңгээлдеги жетекчилер кирет. Мына ошондой жетекчилер жалаң жем жеп жаткан акырдан, ошолордун сөзүн сүйлөйт.

Өткөн жылдагы шайлоодо деле көрсөк болот, ошондойлор чогулуп, киши дайындап, сүйлөшкөн. Курултайга коомдо каршы пикир айткан, коомдо болуп аткан кандайдыр бир курч маселелерди көтөргөн кишилер келет дегенге мен таптакыр ишенбейм. Андай кишилер келбейт. Мен курултайга ар бир айылдык округдан ошол эле “Ак жол” партиясынын жергиликтүү өкүлдөрү дайындалат, же болбосо мурунку шайлоодо дүжүр болуп чурулдап-чыркырап, бийликтин сөзүн, камчысын чаап жүргөн дүжүр активдерден шайланат, ошолор келет деп бүгүн эле айта алам.

“Азаттык”: Оппозициянын жер-жерлерде өкүлдөрү бар эмеспи. Мына ошолор өздөрүнүн делегаттарын көрсөтсө болбойбу?

Эмилбек Каптагаев: Көрсөтсө болот. Бирок шайлоо механизми жамааттык жана жергиликтүү курултайларга байланып атпайбы. Жергиликтүү курултайлардын курамы бүгүн толугу менен жергиликтүү кызматта иштегендерден турат. Мына ошондон улам айтып атабыз, эгерде курултайдын делегаттары ар бир айылда түз шайлоо менен шайланат деп жарыяласа, анда бир жөн болчу. Ар бир айылда татыктуу кишини эл түз шайласын, мына ошондо балким жарымы болсо да калыс, айылдын ичинде авторитет, аброюн сактап жүргөн кишилер келет болчу.

“Азаттык”: Садыкбек мырза, делегаттарды тандоо кандай критерий менен жүргүзүлөт? Президент акылкөй, билимдүү, илимий тармактардан да адамдар кирет деп айтпадыбы.
БЭК азыр начарлаган жок, тескерисинче, бекемделип баратат.


Садыкбек Аблесов: Эмилдин айтканы туура. Анын көңүлү калып бүткөн, шайлоолордун бардыгы тең туура эмес өтүп атпайбы, аны бардыгыбыз эле билебиз. Жашырганда эмне? Жашыргандан пайда чыкпайт, андан биз алдыга жылбайбыз. Эми бул шайлоолор туура өтүшү үчүн элдин аң-сезимин көтөрүш керек. Элдин аң-сезимин ким көтөрөт? Партиялар көтөрөт.

“Азаттык”: Мисалы, оппозициянын өкүлдөрү көрсөткөн адамдарды делегат кылып көрсөтсө, жергиликтүү бийлик органдары макул болобу?

Садыкбек Аблесов: Каршылык жок. Мен кечээ да башка сыналгыда айттым, гезиттерге да “айланайындар, бардык бейөкмөт уюмдар, партиялар баргыла, катышкыла. Өзүңөрдүн кишиңер болсо ошол айыл өкмөттүн, айыл округдун маселесин чечкен, иштин көзүн билген, ошого жарай турган маселени конструктивдүү койо ала турган кишилерди шайлап келгиле” деп жаздым. Президент да ошону айтты. Мен президентке кирип чыктым. Элдин өзүнүн оюна койгулачы, элдин өзүнөн келсин, үн жетсинчи дедим.

Ынтымак курултайы көпүрө боло алабы? 2-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00


Сөз эркиндиги бардыгы үчүн бирдей

“Азаттык”: Садыкбек мырза, сиз азыр делегаттарды калыс тандайбыз деп айттыңыз. Ушул курултайдын делегаттары жумушчу органы эки жылга шайланып иштей турган болуп жатпайбы. Бул Коомдук ордо кеңешти кайталаган жыйын болуп калбайбы? Же бул кеңеш бара-бара жоюлабы?

Садыкбек Аблесов: Коомдук ордо кеңештин маселеси башка. Бири-бирин эч кайталабайт. Курултайдын маселелери башка. Ал эми Коомдук ордо кеңеш элдин күнүмдүк көйгөйлөрүн карайт.

“Азаттык”: Демек Коомдук ордо кеңеш жоюлбай, курултай өз алдынча, Коомдук ордо кеңеш өзүнчө иш жүргүзө береби?

Садыкбек Аблесов: Балким бири-бири менен айкалышып иш жүргүзсө жакшы болот. Ордо кеңеш өзгөрүлөбү, кандай болот - буга али жете элекпиз.

“Азаттык”: Курултайдын жобосунда анын негизги милдети улуттук кызыкчылыктарды ишке ашырууга жалпы элди бириктирүү болгону жазылган экен. Азыр Кыргызстандын алдында жалпы улуттук кызыкчылык эмне, кандай маселе?

Эмилбек Каптагаев: Мына, Садыкбек мырза айтып кетпедиби, калыс пикиримди президентке да айттым деп. Азыр Коомдук палатанын төрагасы катары, курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү катары бир маселени коюп, өзүңүз көтөрүп, палатада карап чеччү бир маселе бар.
Азыр бийликте отургандар “муну жасасак болобу” десе, “жок, мыйзамга туура келбейт, болбойт” дегендин ордуна, “бул мыйзамга туура келбейт экен, мыйзамды өзгөрткүлө” дейт.


Улуттук телерадио - жалпы элдин энчиси. Ар бир адам коомдо болуп аткан маалыматты толук угууга, ошондон маалымдар болууга укуктуу. Ошол укуктун чектелишинен улам коомдо ар кандай пикир айтылып, элге жетпей атат. Оппозициялык партияларбы, башка саясатчыларбы, же эркин серепчилер болобу, ошолорго күнүнө бир саат, жарым саат убакытты арнайлы.

Курултайда ар кандай кайчы пикир көтөрүлүш үчүн, маалымат элге жетиш үчүн таптакыр эле оппозицияны сыналгы-үналгыга чыгарбай койгонуңар туура эмес. Бул ооздоруна чүпөрөк тыгып, сүйлөтпөй койгонго эле барабар. Ошон үчүн калыстык болуш үчүн ушул маселе чечилип, курултайга даярдык катары эркин эфир чыгарып берели деп чечим чыгара аласыздарбы?

Садыкбек Аблесов: Мындай чечимди чыгарууга акыбыз жок. Бирок айтууга, силердин үнүңөрдү жеткирүүгө акыбыз бар.

Эмилбек Каптагаев: Коомдук палатадан бул маселени карап, балким ошол чечимиңерди өткөрүп койсоңор ушул курултайга салым болот эле деп ойлойм.

Садыкбек Аблесов: Эгерде курултайдын жумушчу органына силердин кишилер келип, бул жетпейт, бул болбой жатат, бул жерде туура эмес болуп атат десеңер, аны жеткирсек, курултайдын салмагы Коомдук палатадан жогору болот.

“Азаттык”: Эми улуттук кызыкчылык жөнүндө айтсаңыз.

Эмилбек Каптагаев: Президент кайрылуусунда “бизге демократия түрүндө жасалма органдын кереги жок, биз накта демократиялык орган түзөбүз” деди.

“Азаттык”: Сиз кайсы орган жөнүндө сөз болду деп ойлойсуз?

Эмилбек Каптагаев: Ушул курултайды накта демократиялык орган кылуу үчүн ошого карата сөзсүз бийлик кадамдарды жасаш керек. Мына ошол кадамдардын бири катары, мен азыр эле көтөргөн маселе - бул коомдогу маалымдуулук. Маалымдуулуктун негизги каражаты – үналгы жана сыналгы. Бүгүн толугу менен тыюу салынган, бир да оппозицияда жүргөн саясатчыны сыналгыдан көрсөтпөйсүңөр.

Биринчиден, улуттук кызыкчылыкты көздөгөн, накта демократиялык курултай болуш үчүн курултайга чейин, курултай убагында коомдо болгон ойлор, пикирлер ачык айтылыш керек, элге жетиш керек. Экинчиден, бул ачакей саясат, айтканы бир, жасаганы башка.

Улуттун бүгүнкү кызыкчылыгы эмне? Бул - энергетика, чек ара, жер маселелери, адам укуктарынын корголушу, эркиндиктердин камсыз болушу. Мына, ушул эле үч маселени алсак, ар бири боюнча улуттук кызыкчылык такыр эске алынбаган ондогон мисал келтирсек болот.
Конституция азыр Кыргызстанда эч кандай деле документ болбой калды.


Бүгүн Кыргызстан адам укуктары боюнча эркин эмес мамлекет. Мындан, кудайга шүгүр, 5-10 жыл мурда жарым-жартылай эркин мамлекет деп келдик эле. 2005-жылы ошол жарым-жартылайдан толук эркиндик берилген мамлекетке өтөбүз деген максат менен ыңкылап болгон. 3-4 жылдан кийин эле эркин эмес мамлекеттердин катарына кирдик. Бул улуттук кызыкчылык үчүн жооп береби? Жооп бербейт.

2005-жылы ыңкылапта эл эки чоң ураан менен чыккан: “үй-бүлөлүк башкарууну жок кылабыз” жана “коррупцияны жок кылабыз” деп. Бүгүн эмне болду? Азыр коррупция боюнча кандай маселелер көтөрүлүп жатат? Үй-бүлөлүк башкарууну айтпай эле коеюн. Мына, кеп ошондо болууда.

Айткан менен иш жүзүндө жасаганы ар башка, бул - ачакей саясат. Демократия түспөлүндөгү орган түзбөйүн десе, ачакей саясатты алгач президент өзү токтотуш керек. Ошондон улам курултайына ишенич болбой атканы ошондо да, жасаганы башка, айтканы башка.

“Катышам-катышпайм, барам-барбайм”

“Азаттык”: Садыкбек мырза, эгер ушул Ынтымак курултайын өткөрүүдө жалпы элдин көйгөйүн көтөрө турган болсок, азыр коомчулуктун көңүлүндө сөз эркиндиги, бийлик менен оппозициянын ортосундагы диалог, буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн бетин ачуу маселелери айтылып жатат. Себеби Топчубек Тургуналиев “абийир туткуну” деп аталган адамдардын саны 98ге жетти деди. Кийинки эле жылдарда чет өлкөгө качууга мажбур болгон журналисттердин саны ондон ашып кетти. Мына ушундай маселелер курултайдын күн тартибине коюлабы? Мына ушулар боюнча оппозициянын, элдин мүдөөсү айтылабы?

Садыкбек Аблесов: Мына ушулардын бардыгы болбошу үчүн курултай түзүлүп атат. Бул курултай - элдин үнү, жалгыз президенттин үнү эмес. Бул курултайдын күн тартибинде ар кандай маселе каралат. Курултайда бир жылда бир жолу жыйын болот деп күтүп отура бербестен, мен айткан жумушчу органга ар ким келип кайрылууга акысы бар.

“Азаттык”: Эмилбек мырза, сиз өзүңүз эле сөздүн башында ушундай элдик курултайларды өткөрүү керек деп демилгени көтөрүп келе жатабыз деп айттыңыз. Сиз өзүңүз да көп жолу кайрылгансыз. Эмне үчүн азыр оппозиция курултайдын өтүшүнө кандайдыр бир деңгээлде тайсалдап турат, же курултайда айта турган оппозициянын сунушу жокпу?

Эмилбек Каптагаев: Сунуш да, айта турган сөз да толтура. Тайсалдаган жокпуз, оппозициянын өкүлдөрү курултайга бүгүн чакырса бүгүн барып катышканга даяр.

“Азаттык”: Чакыртпай эле демилге көтөрө албайсыздарбы?

Эмилбек Каптагаев: Чакыртпай демилге көтөрүүгө да даярбыз, ал боюнча иштеп жатабыз. Экинчи жагы, биз кооптонгон маселелерди көтөрүп атабыз. Биз курултайды бул көрнөк-жарнак катары эле, артындагы жаман иштерди жаап, фасаддык материал катары пайдаланбаш үчүн курч маселелерди айтып атканбыз. “Ошондой кылбай таза, Садыкбек абам айтып аткандай, накта элдик курултай жасайбыз” деген ниети болсо колдойбуз, катышабыз.

Ынтымак курултайы көпүрө боло алабы? 3-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:15 0:00


“Азаттык”: Эгер сиз делегаттыкка көрсөтүлүп калсаңыз катышасызбы? Эгер катышсаңыз тайсалдабай, бетке айтчу кайсы маселелерди көтөрөсүз?

Эмилбек Каптагаев: Ушуга чейин айтып келаткан маселелердин бардыгын көтөрөбүз. Ошол эле азыр айткан демократия, адам эркиндиктери, адам укуктары маселеси. Бул абдан чоң маселе.

Бүгүн, мисалы, киши өлтүрүп кетүү, саясатчы болобу, журналист болобу, же жөнөкөй адам болобу, эртең менен жумушка чыгып баратып, кечинде тирүү келем деп кепилдик бере албайт. Мына, Павлюктун өлүмү боюнча казактардын басма сөзү буга жөнөкөй эле бейбаштар эмес, Кыргызстандын атайын чалгын кызматтары аралашкан деп айтып жатат.
Курултайга коомдо каршы пикир айткан, коомдо болуп аткан кандайдыр бир курч маселелерди көтөргөн кишилер келет дегенге мен таптакыр ишенбейм.


Садыкбек Аблесов: Бир жактуу айта берген туура эмес, Эмил. Муну айта берсе көбү түшүнөт, көбү түшүнбөйт. Булардын бардыгын тастыктап, Казакстан иликтөөсүн бүткөндөн кийин айтсак туура болор эле.

“Азаттык”: Демек ушундай маселелер көтөрүлүп калса, күн тартибине коюлсун деген сунуштар болсо, курултайда көтөрүлөбү, айтылабы?

Садыкбек Аблесов: Көтөрүлөт. Жумушчу органына бирөөлөр кайрылса, мисалы, ошол эле курултайдын мүчөсү жумушчу органына келип, маселени конструктивдүү койсо, ошол курултайдын жумушчу органы ошол эле күч органдарына, же өкмөткө, же президентке маселени коюуга акысы бар.

Ыңгайлуу Конституция, ийкемдүү мыйзам

“Азаттык”: Садыкбек мырза, ушул Ынтымак курултайына бара-бара Жогорку Кеңештин бир катар ыйгарым укуктары өткөрүлөт деген да божомолдор пайда болду. Ушул чынбы? Долбоор даярдалып жатабы?

Садыкбек Аблесов: Жок, андай долбоор азырынча жок, андай болушу да мүмкүн эмес. Мыйзамды кабыл алуу - Жогорку Кеңештин иши.

“Азаттык”: Эмилбек мырза, жобосунда ушул курултайда кабыл алынган чечимдер тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуш катары берилет деп жазылып жүрбөйбү. Кабыл алынган чечимдер аткарылат деген ишеним сизде барбы?

Эмилбек Каптагаев: Конституция азыр Кыргызстанда эч кандай деле документ болбой калды. Конституцияда “адамдар тынчтык жолу менен жыйналганга, ар кандай өзүнүн пикирин ачык айтканга укуктуу” деп түз жазылган. Мына ушул укукту Жогорку Кеңеш бир эмес үч жолу чектеди.

Конституциялык Сот “бул мыйзам Конституцияга туура эмес келет, адам эркиндиктерин чектеп атасыңар” деп эки жолу чечим кабыл алды. Эки жолу кабыл алган Конституциялык Соттун чечимине карабастан, Жогорку Кеңеш ошол эле чектөө менен кайра мыйзам кабыл алды. Мунун өзү бизде Конституцияга, мыйзамга карата мамиле такыр өзгөргөнүн билдирет.

Азыр бийликте отургандар “муну жасасак болобу” десе, “жок, мыйзамга туура келбейт, болбойт” дегендин ордуна, “бул мыйзамга туура келбейт экен, мыйзамды өзгөрткүлө” дейт. Бир нерсе жасардан мурда мыйзамды өзгөртүп салышат да, ошону жасашат. Демек бул мыйзам мыйзамдык күчүн жоготконун далилдейт. Мыйзам тосуу мүмкүнчүлүгүн жоготту.

Ушундай шартта курултайдын чечими жөн гана сунуш иретинде болуп атат. Эгерде ошол сунуш бийликтин жүргүзгөн саясатына, көз карашына каршы келсе эч качан аткарылбайт. Бирок чогулган курултай андай чечимди аткарбайт, андай маселени карабайт. Анда азыркы бийлик жасаганды колдоо иретинде гана сунуштар даярдалат.
Курултайда ар кандай кайчы пикир көтөрүлүш үчүн, маалымат элге жетиш үчүн таптакыр эле оппозицияны сыналгы-үналгыга чыгарбай койгонуңар туура эмес.


Садыкбек Аблесов: Эмике, болбойт деп эле отура берсек анда кылбай эле коелу. Бир нерсе кылыш керек да, эл курултай деп айтып жүрөт, ага макул дейт. Пленардык жыйынды өткөргөндө да элдин жайына коюп, мүмкүнчүлүк бергилечи. Айтышынча айтсын, жазып алалы, карайлы, жумушчу орган ошол сөздөрдүн бардыгын карап, талдап, анан бир чечим кабыл алалы.

Анан бүгүн боло элек жатканда эле болбойт деп койсок, анда башка бир нерсе айтпайсыңарбы. Бирок бир нерсе жасап, баштап көрүш керек да. Ошол убакта да сизге сөз тиет, сизге окшогон партиялар айтат. Бизде жүздөн ашык партиялар бар, ошолордон акыры кишилер келет, силердин мүчөлөрүңөр келет го.

Мен дагы бир жолу кайталап айтам, күтүп эле отура бербейли. Курултай бир жылда бир жолу чогулуш өткөрө турган болсо, ошонун жумушчу органына келсе, ар бир региондун көйгөйүн айткан кишилер жана сизге окшоп сыналгыга бербей жатат деген кишилер менен кошулуп, курултайдын жумушчу органы иштеп баштаса жылабыз го деген үмүтүм бар.

“Азаттык”: Садыкбек мырза, азыр Эмилбек мырза айтпадыбы, курултайда көтөрүлүүчү маселелер үй-бүлөлүк башкарууну жоюу, Конституциялык реформа маселеси болуш керек деп. Ошондой маселелер көтөрүлсө күн тартибине киргизилеби?

Садыкбек Аблесов: Көтөрүп, барып, жазып президентке “элдер мына мындай деп кайрылып атат, ушуну түшүндүрүп бериңизчи” деп кайрылсак болот. Президент деле элге каршы эмес да. Муну талдайлы. Эмнеге талдабайбыз?

Эмилбек Каптагаев: Биз курултайда каралуучу маселелерге айтылчу сөздөргө сунуштарды беребиз. Сиз өзүңүз аксакал катары ошону тиешелүү жерде айтып, көтөрүп, алдыга түрткөнгө жардам берсеңиз биз сизге ыраазы эле болобуз.

Садыкбек Аблесов: Силер бергенден эч ким зыян таппайт. Көп маселелердин ичинен керектүүсүн табыш керек. Ошол керектүү маселени чече турган болсок калгандары өзүнөн өзү тартылып чечилип кетет. Эгерде маселенин негизгисин табалбасак, майда-чүйдөгө кетип калсак анда бир топ кыйналабыз.

“Азаттык”: Садыкбек мырза, курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү катары айтсаңыз, курултайды өткөрүүгө кетчү чыгымдар жөнүндөгү жобо быйылкы жылдын бюджетине киргизилген эмес. Ага канча акча коройт жана бул мыйзамга каршы аракет болбойбу?

Садыкбек Аблесов: Канча акча кетери али белгисиз. Аны эч ким айта албайт. Эми өкмөттө резервдик кор деген бар да, ошондон алышат го.

Бириккен Элдик кыймыл канчалык бирдиктүү?

“Азаттык”: Эмилбек мырза, сунушуңуздарды тактап, иреттеп берүүгө БЭКтин ичиндеги ынтымак мүмкүнчүлүк береби?

Эмилбек Каптагаев: Сөзсүз. БЭК азыр начарлаган жок, тескерисинче, бекемделип баратат. Азыр Европа, АКШ, чет жакта БЭКтин бюросун ачуу маселеси каралып, ошолордун курамдары такталып атат. Партиянын бардыгы каттоодон өткөн.

“Азаттык”: Кээ бир талдоочулар БЭКтин ичинде азыр ынтымак жок деп айтып атпайбы?

Эмилбек Каптагаев: Эмне үчүн ынтымак жок? Ынтымак деген каралып, көтөрүлүп аткан маселелерден көрүнөт да. Бүгүнкү күнгө биздин өлкөдө жүрүп аткан саясатка карата БЭКтин ичинде пикир бир. Биздин өлкөдөгү экономикалык жана башка саясатка карата сунуштарыбыз бир.

Мындан эки жыл мурда кол коюлган меморандум бар, ошол саясий платформадан четтеп кеткен жопуз. Мына ошол платформанын чегинде биз курултайга деле сунуштарды берүүгө даярбыз. Кеп башкада болуп атпайбы. Кеп бүгүнкү күндө орчундуу маселелер, ошолордун чечилиш жолдорунда. “Мамлекет кайда баратат” деген жол.
Үй-бүлөдө деле калыс сөз болбосо, адилет чечим болбосо ынтымак болбойт, айылда, мамлекет, коомдо деле ошондой.


Мына, жакында эле Конституциялык Сот президент өз ыйгарым укуктарын аткаралбай калса ким аткарат деген маселе боюнча сунушун четке какты. Эми андан ары ошол сунуш кандай чечилет? Анткени ал жерде чынын айткандай өлкөнү алааматка салып ийчү чечим сунуш кылынган. Мына ошол маселелердин бардыгы эле курултайга кайра коюлуш керек, курултайда аныкталыш керек.

“Азаттык”: Демек БЭК ушундай сунуштарды берсе, уюштуруу комитети кабыл алууга, күн тартибине киргизүүгө даяр турбайбы?

Садыкбек Аблесов: Бул маселелердин бардыгын жумушчу орган сөзсүз карайт. Ошон үчүн түзүш керек. Анан “бул болбойт, андай-мындай” дей берсек, бир нерсе кылбасак жылбайбыз. Президент ошонун бардыгын тең кылайын деп атканда чыдап түзөлүчү, элдин аң-сезимин көтөрүп, керектүү кишилерди алып келеличи.

Эгерде ишмер, түшүнгөн, дүжүр эмес, кошоматчы эмес, бийликтин камчысын чаппаган, жөн эле кыйкырбаган кишилер болсо. Бул жагынан биз жакшы билебиз, кээ бир убакта акимдердин арасында “алдагы көбүрөк кыйкырат, ошону жиберип койолучу” дегендер да бар. Ошондуктан жөн эле кыйкыра берген эмес, конструктивдүү маселени түшүнгөн жигиттерден мүчө кылалычы. Анан маселелерди коелу.

“Азаттык”: Анда эмесе оппозиция менен бийликтин ортосунда курултайда диалог түзүлөт деген үмүт менен бүгүнкү маегибизди жыйынтыктайлы. Сиздерге рахмат.

Тасмада: Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө кайрылуу

Президент Курманбек Бакиев 21-январда Ынтымак Курултайын чакыруу боюнча өлкө калкына кайрылуу жасады. (Президенттин басма сөз кызматынын тасмасы)

Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө кайрылуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:49 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG