Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 08:27

Кыргызстан

Шайлоо жыйынтыкталды, коалиция кандай болот?

10-октябрдагы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы туура 22 күндөн кийин, 1-ноябрда жарыяланды.

БШК 1-ноябрда парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялаган соң коомчулук көңүлү эми жаңы парламентте кандай коалиция түзүлөөрүнө бурулууда.

Жаңы парламенттин коалиция түзүү жана башка маселелери кандай чечилет?

27-июнда референдумда кабыл алынган Конституциянын 71-беренесине ылайык, шайлоонун жыйынтыгы расмий түрдө жарыялангандан кийин Жогорку Кеңеш өзүнүн биринчи отурумуна 15 күндөн көп эмес убакыттын ичинде чогулууга тийиш. Парламенттин ишинин башталышы менен Конституциянын 84-беренесине ылайык, президент кайсы бир фракцияга өкмөт түзүүнү тапшырат. Андай тапшырма алган фракция 15 күндүн ичинде өкмөттү түзүүгө тийиш.

Шайлоонун жыйынтыгына ылайык бир дагы партия 61 мандатты жеңе алган жок. Ошондуктан кеминде үч партия биригип коалиция түзүүгө аракеттенет. Буга чейин Кыргызстан социал-демократиялык партиясы менен “Республика” партиясы коалиция түзүүнү макулдашкан. Бирок эки партиянын топтогон добушу 49 гана мандатка жетүүдө. Ошондуктан аларга үчүнчү партия кошулууга тийиш. Ал 18 депутаттык мандаты бар “Ата Мекен” партиясы болуп калышы толук ыктымал.

КСДП "Ата Мекен" менен коалиция түзүүгө кызыкдар

КСДПнын өкүлү Фарид Ниязов КСДП мына ушул үч партиянын катышуусу менен коалиция түзүүгө дагы эле кызыкдар экенин 1-ноябрда белгиледи:
КСДПнын шайлоо алдындагы жарнагы.

- Мен азыр эле КСДПнын лидери менен сүйлөштүм. Биз дагы эле “Ата Мекен” менен коалиция түзүүгө аракеттенип жатабыз. Биздин максат коалицияны ишке жөндөмдүү кылып түзүү. Бул деген шайлоо алдындагы программалар, тышкы саясат боюнча макулдашуу болууга тийиш дегенди билдирет. Бирок бизде азыр кызматтарды бөлүштүрүү боюнча сөз боло элек.

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев коалиция боюнча пикир алышуу али эрте дегендей пикирин айтты:

- Биз азыр коалиция боюнча эч ой-пикир айта албайбыз. Анткени расмий түрдө жараяндар баштала элек.

Негизги сүйлөшүүлөр парламентте болот

28 депутаттык мандатка эгедер болгон “Ата-Журт” жана 25 депутаттык орду бар “Ар-намыс” партиялары кеңири коалиция түзүүнү жактаган.

“Ар-намыстын” тизмесинде алдыңкылардан болгон Турсунбай Бакир уулу коалиция боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын, бирок натыйжа байкала электигин айтты:

- Азырынча сүйлөшүүлөр бүтө элек. Болуп атат. Баары менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. Эч кайсы партия үч партиядан турган блок түзө элек.
Курманбек Осмонов

“Ата-Журт” партиясы да коалиция боюнча алдын-ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок негизги сүйлөшүүлөр парламентте болоорун партиянын мүчөсү Курманбек Осмонов билдирди. Анын айтымында, “Ата-Журт” коалицияга кирбей калса, анда парламенттик азчылыкта боло берет:

- Эгерде кеңири коалиция түзө албасак, анда парламенттик азчылыкта болуп калабыз. Ал деле трагедия эмес. Нормалдуу иштей берсе болот.

"Бүтүн Кыргызстан" шайлоо мыйзамсыз деп эсептейт

Шайлоонун жыйынтыгы жарыяланган күнү “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров шайлоону мыйзамсыз деп атады. Анын айтымында, 27-июнда кабыл алынган Конституциянын 70-беренесине ылайык, шайлоо өткөрүү тартиби жана босогонун өлчөмү Конституциялык мыйзам менен аныкталууга тийиш. "Андай мыйзам жок, ошого жараша шайлоо мыйзамсыз", - дейт Мадумаров.

Данияр Нарынбаев
Кезинде Конституциялык кеңешменин мүчөсү болуп, азыркы Конституцияны жазууга активдүү катышкан юрист Данияр Нарынбаев Мадумаровдун жүйөөсүнө карата мындай жообун берди:

- Биздин Конституция күчүнө кирди. Бирок ошону менен бирге Конституциянын талаптарын ишке ашыруу боюнча мыйзам дагы кабыл алынган. Ал мыйзам боюнча мурунку Шайлоо кодекси күчүндө. Ага тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө Убактылуу өкмөт укуктуу болчу. Болду. Укуктук негиз толук бар болчу. Конституциялык мыйзам деген бул келечекке багытталган. Жаңы келген парламент ошол Конституциялык мыйзамды кабыл алыш керек дегенди билдирет.

Ошентип эми коомчулук парламентте кайсы партиялар коалиция түзөөрүнө кызыгып турган чагы.

Eurasia View: “Манас” Транзит борбору боюнча Пентагондун көңүлү тынч

"Манас" транзиттик борбору

Батыш гезитттери Кыргызстандын экономикасына, өлкөдөгү саясий абалга кайрылууда.

Eurasia View интернет баракчасы жарыялаган бир макаласында “Манастагы” АКШнын транзит борборунун тагдыры тууралуу талдоо жүргүзүп, айрым олку-солкулуктар келип чыкканына карабастан Пентагондун көңүлү тынч экенин жана базаны андан ары кеңейтүү жумуштарын улантып жатканын билдирет.

Washington Post (31.10.10.) гезитинде чыккан көлөмдүү бир макалада болсо, “Манас” Транзит борборун күйүүчү май менен тейлеген “Мина” корпорациясы тууралуу кызыктуу маалыматтар берилген. “Минанын” башкы директору 35 жашар Эркин Бекболотовдун июль айында Стамбул шаарында Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын уулу Атай менен жашыруун түрдө жолукканы ырасталып, андан ары Бекболотов менен өткөрүлгөн маектешүүдөн үзүндүлөр окурмандар менен тең бөлүшүлгөн.

ЕККУнун Бишкектеги кенсесинин директорунун орунбасары Лилиан Дари Кыргызстандагы саясий партияларды конструктивдүү диалогго чакырды. Бул тууралуу ЕККУнун вебсайтында билдирилди. Анда жазылышына караганда, Дарии Бишкекте саясий партиялардын жетекчилери жана саясий байкоочулар менен өткөрүлгөн тегерек үстөлдө чыгып сүйлөп, “Кыргызстан өтө чечүүчү учурду баштан өткөрүп шатат. Өлкөнүн бардык элдери үчүн туруктуу жана бакубат турмушту кепилдеш үчүн өлкөдөгү бардык саясий күчтөр бирдиктүү иштеш керек. Парламентке кире алган же албаган бардык саясий партиялар жана кыймылдар, улуттук мааниге ээ маселелерде ынтымакты түзүп диалогду сактоосу зарыл. ЕККУ мындайча талкуулар жүргүзүлө турган платформаларды колдоого даяр турат”, - деп билдирген. Президенттик администрациянын төрагасы Эмил Каптагаев болсо, “бүгүнкү күндүн жаңыча чындыктары жаңы бир саясий жараянды баштоого мүмкүнчүлүк жаратып олтурат. Бул жараянды үзгүлтүккө учуратпаш керек. Саясий плюраллизмди коргоп аны бекемдеш зарыл. Биз ошол эле кезде жарандардын укуктарын жана сөз сүйлөө эркиндигин барктап өнүктүрүүгө тийишпиз. Кыргызстан демократиянын жолунда жана бул жолдон тайбашы керек”, - деп сүйлөгөн.

Эл аралык акча кору (МВФ) өзүнүн интернет баракчасында, кордун Кавказия жана Борбор Азия боюнча департаментинин директору Давид Овендын, Борбор Азия экономикасынын 2010- жылдагы өнүгүүсүнүн абалына сереп салган баяндамасы тууралуу маалымат берилген. Давид Овен өткөн аптада Астанада өткөрүлгөн маалымат жыйынында Кыргызстандын экономикасы тууралуу да прогноз жасап, дээрлик кийиинки саясий жана этностук толкундоолордун айынан экономика быйыл 3 жарым пайызга кыскара турганын, бирок 2011-жылда кайра жанданып, 7 пайызга өсүүсү күтүлөрүн айткан.

Түркиялык басылмаларда бүгүн негизги теманы жекшемби күнү Стамбул шаарынын борбордук аянтында жасалган жанкечти бомба жардыруу окуясы болтурууда. Hurriyet гезитинин онлайн чыгарылышында жазылышына ылайык, ПКК жикчил уюмуна караштуу экени билдирилген бир жанкечти жекшемби күнү эртең менен шаардын эл калын каттаган борбордук Таксим аянтында күзөттө турган полис кызматчыларына жакындап келип, денесине таңылган бомбаны жардырган. Кийинки маалыматтарга таянуу менен гезит жардыруунун натыйжасында 10 полис кызматчысы жана аянтта жүргөн 12 карапайым киши жарадар болгонун билдирет.

Парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланды

Шайлоо жыйынтыгын БШК төрагасы Акылбек Сариев жарыялады.

БШК төрагасы Акылбек Сариев бүгүн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялап, парламентке беш партия өткөнүн билдирди.

10-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы менен добуштардын көпчүлүгүнө ээ болгон “Ата-Журт”, СДП, “Ар-Намыс”, “Республика” жана “Ата Мекен” партиялары парламентке өттү. Жаңы Башмыйзам боюнча Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун беш партияга бөлүштүрүлдү. Ага ылайык “Ата-Журт” партиясы 28, КСДП -26, “Ар-Намыска” -25, “Республика” партиясына -23, “Ата Мекен” партиясы 18 орунга ээ болду.

БШКнын төрагасы Акылбек Сариев добуш берүү протоколдорун салыштыруу учурунда айрым участоктордун жыйынтыктары жокко чыгарылгандыктан, жалпы пайыздык көрсөткүчтөр азайгандыгын, буга ылайык ар бир партиянын пайыздары да бир аз кыскарганын белгилеп өттү.

10-октябрдагы парламенттик шайлоого 29 саясий партия катышкан. Бул шайлоонун расмий жыйынтыгы ушинтип туура 22 күн дегенде чыгарылды. Жыйынтыктын мынчалык созулушу коомчулукта ар кыл пикирлерди пайда кылып келди. БШК болсо жыйынтык кечеңдешин айрым добушканаладын протоколдору алдын-ала айтылган маалыматтарга дал келбей жатканы менен байланыштырып келген.

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткандар

Кытайда чыгыш өнөрү боюнча (ушу) кыргызстандык эки кыз дүйнө чемпиону аталды. Португалияда карате-до боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды.

Кытайда жеңишке жеткен кыргызстандыктар

Кытайдын Шияне шаарында чыгыш оюндарынын ушу түрү боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Мында Кыргызстандын намысын 4 кыз-жигит коргоду. Бишкектик Евгений Лопаткин менен Наталья Нещерет дүйнө чемпиону болду. Бишкектик Ли Цзяньпин күмүш, Олег Косенко коло медаль жеңип алышты.

Франциядагы фехтования боюнча Кольмар Кубогу

Кыргызстандык Лариса Андреева Францияда өткөн фехтования боюнча Кольмар Кубогу эл аралык мелдештин жеңүүчүсу аталды. Мында өлкө намысын 3 спорт чебери коргоду.

Бишкектик Анна Керечева алтынчы, Вера Каминская сегизинчи орунду ээледи.

Португалиядагы каратэ-до боюнча дүйнө чемпионаты

Өткөн аптада Португалиянын Портимао шаарында каратэ-до боюнча дүйнө чемпионаты аяктады. Дүйнөлүк таймашка Кыргызстандан 3 спортчу катышты. Алгач бишкектик 14 жашар Нурислам Абдрашитов каратэнин кумитэ кармаш ыкмасы боюнча коло байгелүү болду. Бишкектик ардагер 58 жаштагы Иннокентий Ан болсо эки медаль тагынды Ал кумитэ ыкмасы боюнча мелдеште күмүш, ката ыкмасындагы мөрөй талашууда коло медаль тагынды.

Астанадагы улуттук күрөш боюнча дүйнөлүк таймаш

Астанадагы бел кур алыш күрөшү, казак күрөшү, панкратион,эркин таймаш, “Капсагай” - жакут күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 48 өлкөнүн балбандары күч сынашты.

Бел кур-алыш күрөшүнөн кыргыз балбаны Кубанычбек Макешов 82 кг салмакта бардык атаандаштарын жеңип, дүйнө чемпиону аталды. Кыргыз балбандары Чыңгыз Чалабаев менен балбан кыз Мээрим Усубалиева финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болушту.

Дүйнө чемпиону Кубанычбек Макешовдун пикиринде, алыш күрөшүн дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү менен Азия оюндарынын курамына киргизүү аракеттери көрүлүүдө.

Казак күрөшүндө кыргызстандык Санжар Осмоналиев менен Жандарбек Болотбек уулу экинчи орунду ээледи. Чыңгыз Чалабаев менен Олжас Исламбеков коло байгелүү болушту.

Астанада өткөн Борбор Азиядагы улуттук күрөштөр боюнча жыйында кыргызстандык Алманбет Анапияев Эл аралык бел кур-алыш күрөш федерациясынын президенти болуп шайланды.

Футзалдан Азия чемпионаты Катарда болот

Чучуккулак кармоонун негизинде футзал боюнча Азия өлкөлөрүн клубдук чемпионаты 2011-жылы Катар мамлекетинде өтмөй болду. Азиянын футзалдан алгачкы чемпиондук наамын Ирандын «Фулад Махан Сепахан» командасы жеңип алган.

Өлкөнүн футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Дастан Конокбаевдин айтымында, кийинки жылы Кыргызстандын футзал чемпиону Бишкектеги "АзияУниверсалБанк" командасы жарым финалга чыгуу үчүн Өзбекстандын чемпиону "Строитель" командасы менен беттешет.

Билеги күчтүү бишкектик Ольга Ярославцева


Щвейцарияда өткөн кол күрөш боюнча “Swiss Open 2010” эл аралык мелдешинде бишкектик Ольга Ярославцева баш байгени жеңип, Кыргызстанды таанытты.

Өлкөнүн кол күрөш федерациясынын президенти Жээнбек Мукамбетовдун айтымында, Ольга Ярославцева сол кол таймашында 70 кг салмактагы атаандаштарынын баарын жеңип, алтын медаль тагынды. Ошондой эле ал оң кол күч сынашуусунда экинчи орунду ээлеп, күмүш байгелүү болду.

Кол күрөш мелдешине 10 өлкөнүн: Швейцария, Франция, Германия, Нигерия, Австрия, Казакстан, Кыргызстан, Венгрия, Словакия жана Голландиянын спортчулары катышты.

Түркиядагы студенттер мелдештери

Өлкөнүн студенттик спорт федерациясынын жетекчиси Шаршен Касеновдун айтымында, учурда Түркиянын Анкара шаарында студенттер арасында спорттук эл аралык оюндар өтүүдө.

Кыргызстандык студенттер волейбол, баскетбол, үстөл тенниси, шахмат жана күрөш боюнча мелдештерге катышууда. Мөрөй талашууларга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Кипр жана Түркиянын студент спортчулары катышууда.

Тоголото топ тепкен кыз-келиндер

Бишкекте кыз-келиндер арасында футбол боюнча өлкө чемпионаты өткөрүлөт. Бул туурасында өлкөнүн Футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурлан Букуев “Азаттыкка” билдирди.

Кыз-келиндер чемпионаты 2-ноябрда башталып, 9-ноябрда жыйынтыкталат. Ага 7 команданын катышуусу күтүлүүдө. Алар: Кант шаарынын “Абдыш-Ата” жана “Абдыш-Ата 2” командалары, Жалал-Абаддын “Жылуулук”, Оштун “Южанка”, Бишкектин “Азалия” жана Ысык-Көл облусунун командасы. Командалар бир айланпа ойногондон соң жеңүүчүлөрү аныкталат.

О.Молдалиев: Жыйынтыктар боюнча митинг кылууга негиз жок

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев шайлоо жыйынтыктары чыккан соң ири нааразылык акциялары болбойт деп айтканга негиз бар деп эсептейт.

“Азаттык”: Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн шайлоо жыйынтыктарын чыгарууну пландап атат. “Азаттыктын” таңкы түз обосунда БШК мүчөсү Жеңиш Акматов “Бүтүн Кыргызстан” партиясы өтпөй калганын айтты. Калган партиялар өз ордуларында калган экен. Жыйынтыктардан кийинки сиздин божомол кандай болот? “Бүтүн Кыргызстан” кырдаалды курчутуп жибербейби?

Орозбек Молдалиев: “Бүтүн Кыргызстан” партиясы митингге чыкканынын себептери бар болчу. Анткени мурда шайлоочулардын саны такталбай, ар кандай сандар айтылгандыгынын себебинен алар беш пайыздык чектен өттүк деп эсептешип, муну кабыл кылгыла деген талап менен митинг өткөрүшкөн, ачкачылык жарыялашкан.

Азыр эми добуштарды саноодо шайлоого катышкандардын бардыгынын так саны аныкталды. Тизмени тактоого бардык париялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Эми азыр такталгандан кийинки жыйынтык боюнча өтө чоң нааразычылыктар болбойт деп айтышка негиз бар.

Эгерде нааразычылык болсо, анда булар БШКга жанагы мыйзамдардын негизинде нааразычылыктарын билгизишке акылары бар. Анан митингге чыгып эле “биз беш пайыз тосмодон өттүк” деп кыйкыра бергенден баары бир натыйжа чыкпасы көрүнүп калды.

Азаттык”: Шайлоо бүткөнүнө 22 күн болуптур. Жыйынтыктар алдын-ала эсептөөлөрдөн анча айырмаланбай турганы айтылып атат. Бул шайлоо сиздин баамыңызда кандай өттү. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы айтмакчы аларга бут тосууну байкай алдыңызбы?

О.Молдалиев: Шайлоонун эки аспектисин карайлы. Бул шайлоо бийлик тарабынан кандай уюштурулду жана шайлоого партиялар кандай катышты? Элдин мамилеси кандай болду?

Бийлик өз убадаларына туруп, ачык-айкын шайлоону административдик ресурс колдонбой өткөргөнгө аракет кылды. БШК биздин шайлоолордун тарыхында биринчи жолу өз алдынча, бийликтин басымы жок иштегенге мүмкүнчүлүк алды. Шайлоо процессине бардык партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү толук катышып, байкоо жүргүзүштү. Чет элдик байкоочулар да келип, алар өз жыйынтыгын билдиришти.

Эми бийликтин кемчилигин айтсак, жергиликтүү бийликтер буга баягы мурдагыдай эле шалаакылык менен мамиле кылып, тизмелерди тактабагандыктын натыйжасында жанагыдай нааразычылыктардын бардыгы келип чыкты. Референдум убагында эле билинген шайлоочулардын тизмесинде так эместиктер көп экендиги. Ошону жергиликтүү бийликтер шайлоо башталганга чейин тактап койгонго мүмкүнчүлүктөрү бар эле. Албетте миграция болуп турат. Бирок миграцияга байланышы жок эле нерселерден да тизмеде так эместиктер чыкпадыбы...

“Азаттык”: Эми коалиция түзүү маселесине келсек. Буга чейин Социал-демократтар менен “Республика” бирге болууга даярдыгын билдиришкен. Ал эми “Ар-Намыс” менен “Ата-Журт” партияларынын Орусияга ыктайбыз деген саясаты окшошуп турат. Азыр “Ата Мекен” партиясы ортодо. Коалиция кандай түзүлүшү мүмкүн?

О.Молдалиев: Коалиция боюнча айтсак, бул беш партия ар кадай комбинацияда коалиция түзүшү мүмкүн. Албетте, идеалдуу вариант - бул бардык шайлоодо жеңишке жетишкен партияларды бириктирүү болот эле. Бирок андай болбой турчудай түр болуп турат алдын-ала сүйлөшүүлөрүнө караганда. Ошондуктан, бул жерде Социал-демократтар менен “Республика” биригип атабыз дегени менен, мына шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин негиз менен сүйлөшкөндөрү көрсөтөт.

Азыр мурунку “Республиканын” ордунда “Ата Мекен” болуп турат. Эки жактагы топ тең ушул “Ата Мекенди” өзүнө чакырганга аракет кылып атышат. Ошондуктан “Ата Мекендин” позициясынан да көп нерсе көз каранды. Анан дагы бир шарт бар. Президент “Экономиканы көтөрүүгө ким жакшы программаны сунуш кылса, ошолорго коалиция түзүүнү тапшырам” деген шарты бар. Бул дагы абдан жакшы шарт. Реалдуу шартта кимиси ал демилгени алса, калгандары аны колдоп, коалиция түзүп кеткенге мүмкүнчүлүк бар. Эми биз ушундай демократиялык процесстердин бардыгынан өтүшүбүз керек. Бул баардыгызга эле сабак болчу нерсе болуп атат да.

Азаттык”: Рахмат.

Ж.Акматов: Шайлоо жыйынтыгын чыгарчу күн келди

10-октябрдагы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы эмгиче чыга элек.

БШК бүгүн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарышы мүмкүн, талашка түшкөн "Бүтүн Кыргызстан" партиясы өтпөгөнү айкын болду.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов “Азаттыктын” таңкы түз обосунда айтып берди.

Азаттык”: Жеңиш мырза, мына 10-октябрда өткөн шайлоодон бери 22 болуп кетиптир. Өткөн аптада жыйынтыктар дүйшөмбүгө чейин чыгары айтылып атты эле. Деги бүгүн жыйынтыктар чыкчудайбы?
БШК мүчөсү Жеңиш Акматов "Азаттыктын" студиясында.

Жеңиш Акматов: Эми бул Кыргызстанда көп адамдардын көзү ачык болуп кетти. Бешинчи күнү чыгарат, алтынчы күнү, базар күнү чыгарат деген сыяктуу имиштер толуп кетти. Ал эми биз өзүбүз мурда элге жарыялагандай ар бир түшкөн арыз боюнча кылдат изилдеп атабыз. Ошону аягына чейин шайлоо таза өттү деп аткандан кийин, кыргыз элинде эч күмөн саноо болбосу үчүн, бирөөлөрдө суроо жаралбасы үчүн бардык доо арыздардын үстүнөн иштеп атабыз. Жыйынтыктар ошондой кийин чыгат. Мына кечээ дагы арыздар боюнча иш жүргүзүлдү. Бүгүн да саат ондо эки проблемалык шайлоо комиссиясынын ишин карайбыз БШКнын отурумунда. Анан дагы Сузак районундагы айрым шайлоо бекеттери боюнча арыздар бар. Эгер ошол иш-аракеттер бүгүн бүтүп калса кечке чейин жыйынтык чыгарсакпы деген пландар бар.

“Азаттык”: Шайлоо жыйынтыктарынан олуттуу өзгөрүүлөрдү күтсөк болобу? Кайсы партиялар алдыда, кимдер келчүдөй парламентке?

Ж.Акматов: Бул күнгө чейин өзүңүздөр билесиздер Ош шаарында үч, Өзгөндө эки, Орусия, чет мамлекеттердеги 19 шайлоо бекетиндеги добуштар жокко чыгарылгандан кийин жалпы абал эч өзгөрүлгөн жок. Себеп дегенде алар жокко чыгарылганы менен ал жерде бардык партиялар ошондой эле добуштарды алгандыктан, жанагы биз парламенттик шайлоодо утту деп санап аткан беш
А.Мадумаров жетектеген партия беш пайыздык чекке жетпей калды.
партиянын ордунда жана мандаттардын арасында эч кандай өзгөрүү жок. Башында канчанчы орунда турса, канча мандаттарга ээ болушса ошол бойдон калды. Жокко чыгарылган шайлоо бекеттеринин жыйынтыгы алардын абалына эч таасир тийгизген жок.

“Азаттык”: Беш пайыздык тосмонун чеги канча деп белгиленди ошондо? Кошумча тизме менен 200 миң, кийин 36 миң кошулду эле...

Ж.Акматов: Ал бизде такталган. Биз өткөндө бардык шайлоо тизмелери боюнча маалыматты ачык чыгарганда пайда болгон. Бул – 3 миллион 36 миң кишиден алынат. Эми биз аны акыркы отурумда да эсептеп чыгабыз. Азырынча беш пайыздык тосмо 3 млн. 36 миң адамдан чыгарылат.

“Азаттык”: Ошол беш пайыздык чектен өтө албай турган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы тууралуу айта кетсеңиз? Булар кошумча тизмеден кийинки эсептөөлөрдө да өтө албай турабы?

Ж.Акматов: Жок. Булар өздөрү айтмакчы жанагы негизги тизме болгон 2 миллион 853 миңдин эсебинен болгон. Бирок кошумча тизме менен биздики 3 миллион 36 миң киши болду. Ошондуктан беш пайыздык чек жогору болуп калды. Булар өтө алган жок. Экинчи жагынан “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын добушу жанагы беш шайлоо бекетиндеги жыйынтыктар жокко чыгарылгандан кийин, алардын алган добушу дагы төмөн түшүп кетти.

“Азаттык”: Рахмат.

Жол талаштан чыккан чыр чоң жаңжалга айланып кете жаздады

Садовое айылынын тургундары мындан ары айылдагы этникалык топтор арасындагы ынтымакты, тартипти сактоо жолдорун талкуулашууда, 31-октябрь.

30-октябрда Сокулуктун Төмөнкү Чүй айыл өкмөтүндө жол талаштан чатак чыккан. 65 жаштагы Сабилла Гапаров оор жаракат алып ооруканага жаткырылган.

31-октябрда окуя болгон Садовое айылында жергиликтүү тургундар, коңшу айылдардын жашоочулары катышкан жыйын өтүп, анда укук коргоо органдары тартип бузгандарга мыйзам чегинде чара көрбөгөндүгү сынга алынды. Айылдагы чечилбеген социалдык көйгөйлөр улуттар ортосундагы пикир келишпестикке түрткү болуп жаткандыгы айтылды.

Төмөнкү Чүй айыл өкмөтүндөгү жыйын, 31-октябрь

Төмөнкү Чүй айыл өкмөтүнүн №1 бөлүгү - Садовое айылындагы мечитте өткөн жыйынга жүзгө чамалаш киши катышты. Жыйын башында Кыргызстан муфтийинин кеңешчиси ажы Мухаммед Хабибулла 30-октябрдагы чатактан кийин бири-бири менен тирешкен кыргыз-лезгин улутундагыларды ынтымакка чакырган акыл-насаатын айтты.





“Мыйзам иштесин!”

Ал эми Жаңы-Пахта айылынан келген Казыбек Зулпуев чогулган эл башка улуттар менен араздашууга кызыкдар эместигин, болгону кечээгидей тартип бузуп, бирөөнү ур-токмокко алгандар сөзсүз жазага тартылууга тийиш деди:

- Конституциянын, мыйзамдын негизинде милиция органы, сот, прокурор иштесе дейбиз. Ушинтип уруп-согуп эле кете берсе кандай болот? Алар көрүнгөндү урат-согот, милициялар келет, кармап алып кетет. Бирок эртеси эле алар пулга сатылып кетиптир, мынча сом төлөптүр, анан тигил тарап арызын кайра алыптыр деп угасың. Анан милиция, же болбосо сот, прокурор коё берип жибериптир деп айтылып калат.

К.Зулпуев аксакалдын бул сөзүнө жыйынга катышып отурган Сокулук райондук Ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Рыскулбек Жапаркулов: “Сиз айтып жатасыз, мыйзам негизинде териштириш керек деп. Кылмакмын. Мен аны бир заматта эле ишке ашырам. Мен кечээ силерге сөз бердим. Мен ошол жерде айткандай, эч качан өз сөзүмдү жүрөгүмдү бир сомго сатпайм”, - деп жооп берди.

Райондук милиция жетекчиси эгер кылмыш иши ачылса эки тарапты тең камап, жоопко тартууга туура келээрин, андан эч ким жеңишке жетпестигин, тескерисинче айылдын ынтымагы бузулаарын түшүндүрдү. Эми мындан ары милиция айыл тургундары, аксакалдар менен ак иштерин дагы билдирди:
Жыйынга катышкан Төмөнкү Чүй айыл өкмөт башчысы Р.Басаров, Сокулук РИИБнин жетекчиси Р.Жапаркулов жана атын атабаган бийлик өкүлү

- Мен бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатамбы. Кудай буюрса, дагы иштесем бирөөнүн мүлкүнө кол салганга, бирөө-бирөөнү ур-токмокко алып, зомбулук кылууга, анан тетиги отурган балдар келип, бирөөнөн акча алып туруп, ишти жаап салганга мен жол бербейм. Кудайдын астында мен силерге айтып жатам.


“Лезгин-кыргыз урушпасын”

30-октябрда айылдын талаасында капуста тартып келаткан эки трактордогу адамдар жол талашып уруша кетип, бири-бирине катуу тил тийгизген. Трактордун биринде кыргыз улутундагы Сабилла Гапаров 3 уулу менен келе жатып, унаасы бузулуп, жолду тосуп калган. Ал эми экинчи трактордогу лезгин улутундагы жигиттер "жол бошот" деп талап кылышкан.

Ушул эле күнү кечинде лезгин улутундагы 10 чакты жигит С.Гапаровду уулдары менен талаадан кармап токмоктоп коюшкан. Андан соң кыргыз улутундагы тургундар айылдагы клубдун алдына чыгып С.Гапаровду уулдары менен токмоктогондорду мыйзам чегинде жазага тартууну милициядан талап кыла баштаган. Ал учурда ошол эле жерге лезгин улутундагылар дагы топтошуп, эки тарап бири-бири менен тирешүүгө өткөн. Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн атайын тобу келип, эки тараптын ортосунда турган. Райондук милиция башчысы Р.Жапаркулов айыл аксакалдары, жаатташкан тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп чогулган элди таратышкан.

65 жаштагы Сабилла Гапаров оор жаракат алып ушул тапта Бишкектеги №4 ооруканда жатат. Аны менен кошо таяк жеген бир уулунун колу сынып, калган 2 уулунун бети-башы көк-ала болгон. Жабырланган Гапаровдун аялы Шарапат Гапарова күйөөсүнүн абалы оор экендигине карабастан милицияга берген арызын кайра алган себебин түшүндүрдү:

- Биз ушул элдин тынчтыгы үчүн. Мына лезгин-кыргыз болуп уруш чыгып, Оштогудай жаман нерсе болсо өрттөмөй болмок. Ошондуктан биз тынчыттык. Мындан ары биздин дообуз жок дедик. “Балдарга дагы болду, бүттү”, - дедим. Биякка болсо жаңжалды ким баштаса өзү жооп берет. Биз жооп бербейбиз. Анан өзбек-кыргыз болгондой, лезгин-кыргыз урушпасын, тынч жашайлы. Бир менин үй-бүлөм үчүн тополоң чыгып кетпесин. Тынчтык үчүн азыр күйөөм оор абалда жатса дагы макул болдум.

Ал эми ага чейин С.Гапаровду уулдары менен сабагандар жабырлануучуларга 50 миң сом берип, андан кийин милицияга ишти жапкандыгы тууралуу суроону четке какты. Бирок тигил тарап ооруканага кетчү чыгамдарды төлөп берерээрин кошумчалады:

- Менин акчам жок, бүт акысын төлөйсүңөр. Айыктырып колума салып бересиңер дедим.

Борбор калаадан 65 чакырым алыс жайгашкан Төмөнкү Чүй айыл өкмөтү 4 бөлүктөн турат. 30-октябрда чатак чыккан Садовое айылында негизинен Тажикстандын Жерге-Тал районунан көчүп келген этникалык кыргыздар, лезгиндер жана аз сандагы орустар жашайт. Совет доорунда бул жерде турмуш-тирчилик буюмдарын чыгарган завод иштеп, айыл чарбасы гүлдөгөн көп улуттуу айыл болгон. Азыр айылда бир орто мектеп, бир бейтапкана, бир мечит бар. Мурдагы айылдык клуб кароосуз калган. Карапайым эл негизинен жер иштетүү менен жашайт.

30-октябрда Садовое айылындагы клубдун алдында тургундар эки жаат болуп чогулуп, милицияга талап койгон

Кечээги чатактан өтө чочуп калган, 76 жаштагы Вера апа кандай абалда болгонун мындайча сүрөттөйт:

- Милиция өйдө-төмөн өтөт, тынчы кеткен элдер. Ош, Жалал-Абаддагы окуяны эстегенде жаның оозуңа кептелет. Биз бул жерде туулуп-өсүп, жашап жатабыз, эч ким деле бизге тийбейт. Бирок түндөгүнү көрүп жүрөгүң түшөт. Саат 9дарда үстүндөгү жарыгын күйгүзүп 2 машине өттү. Анан дагы 5-6 машине өттү. Анан дагы кетти. Токтобой ары-бери өтүп жатышты. Билсең, жүрөк түшөт...


“Жер берилсин!”

Айыл тургундарынын бири Гуламиддин Маматкулов айылдагы чыр-чатактын өзөгү жер маселесине келип такалаарын, кыргыздар жерди башкалардан кымбат акыга ижарага алып иштетээрин түшүндүрдү:

- Бул жер маселесинен бизде социалдык теңсиздик чыгууда. Албетте биз Жерге-Талдан көчүп келгенбиз жана булардын үлүш жерине ээлик кылууга акыбыз дагы жок. Болгону бизге кайра бөлүштүрүү фондунан (КБФ) жок дегенде 1-2 гектардан жер берсе эле ошол жетет. Аларда 20-30 гектардан жер бар, анан дагы КБФтын жеринен бизге бербей жатышат. Тигилер “биз бай, силер кедей. Ошондуктан силер мындайраак болгула. Бул жерде биз башкарабыз, биз бул жерди өздөштүргөнбүз. Силер келгинсиңер”, деп жатышпайбы.

Ал эми Төмөнкү Чүй айыл өкмөт башчысы Рамазан Басаров көчүп келген кыргыздарга жер берүү маселеси каралып жаткандыгын “Азаттыкка” билдирди:

- Айыл өкмөтү боюнча жер аянттарын бөлүштүрүү болот. Кайра бөлүштүрүү фондунан жер аянттарын бөлөбүз. Ким арыз берсе ошолорго жер берүү биринчи кезекте каралат.

Айыл өкмөт башчысы чындыгында Тажикстандан келген кыргыздардын ичинде турмуш-шарты оорлор бардыгын, мүмкүн болушунча аларга көмөк берилип жаткандыгын кошумчалады.

- Эми кавказ улутундагыларды бай жашайт десек, алардын байлыгы бир күндө куралган жок да. Биз бул жерде 80 жылдан бери жашайбыз. Биз дагы башыбыздан алар [Тажикстандан келгендер] сыяктуу согушту, сталиндик репрессияны өткөрдүк, - деди айыл өкмөт башчы Рамазан Басаров.

Төмөнкү Чүй айыл өкмөтүнө кирген Садовое айылындагы 30-октябрда чыккан чатак айыл аксакалдарынын, дин ишмерлеринин, бийлик өкүлдөрүнүн аракети менен тынч маанайда чечилди. Бишкекти көздөй жол тартканыбызда кара жол боюндагы сакалы жайкалган Абдусалам атаны кезиктирдик. Ал 1992-жылы Жерге-Талдан тарыхый мекенине көчүп келип, бак-шактуу там сатып алган. Бирок 18 жылдан бери Кыргызстандын паспортун ала албай жүрөт. Тажик атуулдугунан болсо баш тарткан. Жашы 70тен өтсө дагы пенсия албайт, жер алууга укугу жок, эч жакка чыкпайт. Анан дагы анын айтымында, ага окшоп өз мекенинде “өгөй” болуп жашагандардын саны аз эмес.

Кыргызстан – алмалардын мекени

Кочкордогу “Алма” фестивалы

30-октябрда Кочкордо “Алма” фестивалы өткөрүлдү. Мында алманын түрлөрүнөн сырткары айыл чарба продукцияларынын жармаңкеси да уюштурулду.


Мурдагы “Алма” фестивалдарынан айырмаланып быйылкы иш-чара айыл чарба продукцияларынын жалпы жармаңкеси жана жеке ишкерлердин бетме-бет олтуруп бааарлашуусу менен коштолду. Ошондуктан, ага катышкан багбанчылар гана эмес дыйкандар дагы өздөрү башынан кечирип жаткан кыйынчылыктарды тартынбай ортого салышты.

Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылынын тургуну Наркүл Исраилова маданият тармагында эмгектенет. Бирок анын айтымында, ага окшогондордун арзыбаган айлыгына бүгүнкү күндө жансактоо мүмкүн эмес. Ошондуктан, акыркы жылдары жумуштан кийин дыйканчылык менен алектенет.

- Жыйырма жылдан ашык стажыма карабай, эки миң сом айлык чектелген. Ал эч нерсеге жетпейт. Анан жанагинтип үлүш жерибизге картошка, сабиз, кызылча жана алма тиккенбиз. Мага көбүнчө үй-бүлөм каралашат. Айрым учурда эмгегибиз акталбай калып атат. Базар экономикасы ушундай экен, акыркы жылдары арзанчылык өкүм сүрүп, түшүмбүз өз баасынан төмөн сатылууда. Биз өндүргөн продукцияларыбызды Өкмөт экспорттогонго жардамдашса, анчалык кыйналмак эмеспиз. Түйшүгүбүз азайып, мээнетибиз кайтмак. Айла куругунда элет жеринде мал курап, кыйналганда ошолорду сатып, эптеп тиричилик кылып атабыз,
- деди Наркүл Исраилова капаланган тейде.

Наркүл Исраилованын баамында, соңку убакта аз маянага чыдабаган мугалимдер, ошондой эле медицина кызматкерлери дагы кошумча каражат табуу максатында алма жана башка өсүмдүктөрдү өндүрүүгө көбүрөөк ыкташууда.

Эл аралык “Mercy Corps” компаниясынын директорунун орун басары Робин Кюрра алардын мекемесинин көп жылдык изилдөөсүнүн жыйынтыгына ылайык алманын түпкү Мекени – Кыргызстан экендиги аныкталгандыгын жар салды:

- Бул ой башыбызда жаралганда, адегенде биз деле шектенгенбиз. Бирок акыры чындык салтанат курду. Азыркы алмалардын Мекени Кыргызстан экендигин ырастадык. Андан ары башка мамлекеттерге таркалган.

Өз сөзүндө Робин Кюрра “Mercy Corps” компаниясы Кыргыз алмасынын түшүмдүүлүгүн арттырып, бүт дүйнөгө даңазалоону, ушуга удаа айыл чарба продукцияларын өндүрүүнү каржылоо жагын дагы кеңейтишээрин билдирди.

Антсе да, Ысык-Көл районуна караштуу Кара-Ой кыштагынын тургуну, жеке ишкер Шааркан Эрова жергиликтүү өндүрүшчүлөр мамлекеттин колдоосуна абдан муктаж экендигин жашырган жок:

- Биз жалпы жонунан насыя менен иштейбиз. Эгерде Өкмөт кубаттаса, биздин Англияга, андан ары Европага чыкканга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Эгерде жанагындай үстөксүз жана узак мөөнөткө насыяларды таратышса, бизнесибизди өнүктүргөнгө абдан жеңил болмок, - деп кепке аралашты жеке ишкер Шааркан Эрова. – Көрүп атасыңар, азыр бизге жыйырма беш-отуз пайыз үстөгү менен насыя берип жатышат. Анын, чындыгында, зыяндан башка пайдасы жок. Ошондуктан, абдан чайналып атабыз.

Бирок Жумгал райондук айыл чарба башкармалыгынын жетекчиси Сыпарбек Садыков айрым чет өлкөлүк уюмдардын көмөгү аркасында негизги кыйынчылыктардын баардыгы артта калгандыгын белгиледи:

- Бул Кочкордо жалгыз нарындыктар же ысык-көлдүктөр эмес жалпы кыргызстандыктар, а түгүл бүтүндөй Борбор Азиянын өкүлдөрү тажрыйбабызды бөлүшүп олтурабыз. Мына, азыр эле алманын Мекени Кыргызстан экендигин тастыкташты. Муну уккан чет өлкөлүктөр бизге ого бетер кызыгып, баркыбыз артып, чоң жумуштар бүтүп атат. Мурда Ысык-Көлдүн гана алмасын баалашчу. Мына, байкадыңар, сапаттуу алмалар Нарында деле өсөт экен. Ырас, мурда түшүмүбүздү сата албай кыйналчу элек. Жакындан бери . “Mercy Corps”, “Компаньон” компаниялары өндүргөн продукцияларыбызды эл аралык наркта сатканга көмөктөшүп, дыйкандарыбызды кубандырып келатат.

Сыпарбек Садыковдун кебине караганда, “Алма” фестивалынын кийинки кезеги Жумгал районуна ыйгарылды, ошондуктан, бул иш-чараны кеңири алкакта, эл аралык деңгээлде уюштурууга бүгүнтөн тартып аракеттенишмекчи.

Фестивалды корутундулап жатып Нарын облус губернаторунун орун басары Садырбек Сардарбеков төгөрөк үстөл убагында айтылган жүйөөлүү сын-пикирлер бийлик тарабынан сөзсүз эске алынаарына ишендирди:

- Кудай талаа кыргыздарга бейиш жерди буюрган экен. Жергебизде өсүмдүктөрдүн бардык түрү өсөт. Нарында илгеркидей дан эгиндерин эгүү азапка айланды. Ыгым-чыгымы көп, бирок кирешеси жок. Ага караганда алма тиккен пайдалуураак. Анткени, бир түп алмадан жүз кило алма жыйналат. Ар килосун үч сомдон сатканда да, багбанчы үч миң сом пайда көрөт. Ал эми он түп алмадан отуз миң сом жөн эле табылат. Ошондуктан, акыркы жылдарда Нарын өрөөнүндө эгин айдагандар кескин түрдө азайды. Эмгекчилердин басымдуулугу алма багын тиккенге бел байлап жатышат.

Облустук бийликтин өкүлү Садырбек Сардарбеков ырасташынча, мындан ары Кыргыз Өкмөтү жеке ишкерлерге камкордук көрүүнү күчөтөт, аны үчүн тараптар өнөктөш иретинде ачык-айкын иштешүүгө тийиш.

“Сынык асман” сынга коюлду

Жакында Улуттук кыргыз драма театрынын кичи залында акын жана драматург Алтынай Темированын “Сынык асман” спектаклинин бет ачары болду.

Спектаклди Кыргыз эл артисти, режиссер Замирбек Сооронбаев сахналаштырган. Сүрөтчүсү – Садыр Ниязакунов. Башкы каарман Жигитти - эмгек сиңирген артист Марат Козукеев, Энени - Албина Имашева, Келинди – Айсалкын Кыйыкбаева ойноп, эпизоддордо театрдын жаш актeрлеру катышты.

“Ачык асман” спекатклиндеги башкы каарман Жигиттин образы “Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун жетекчиси, коомдук ишмер Калык Мамбетакуновдун тагдыры менен үндөшөт.

Башкы каарман өспүрүм кезинде жылкычы атасы менен тоодо жүргөндө катуу суук тийип, дарыланбай жүрө берип көз ооруга чалдыгат. Дарыгерлер операциядан калпыстык кетирип эки көзү азиз болуп калат.

Спектаклди койгон режиссер Замир Сооронбаев
Жашынан азиздиктин азабын тартса, эс тартканда жогорку окуу жайларына окууга өтүү кыйынчылыктарына туш келет. Ал өзүнүн өжөрлүгү, зээндүүлүгү, сезиминин күчтүүлүгү менен жогорку окуу жайга өтүп, убактысынын баарын билим алууга жумшап, алдыңкы студент болот. Өзү менен окуган бир кыз ага боор ооруп, тамак-ашын жасап берип, бөлмөсүн тазалап жардам берип жүрүп, аны менен баш кошууга макулдугун берет.

Тели-теңтуштары менен кызды атасынын үйүнө алып барып, апасы жоолук салып көшөгөгө отургузат. Бирок кыздын төркүндөрү кууп келип, кызын “сокур адам менен жашабайсың” деп алып кетип калышат. Келиндин кетип калганы, уулунун трагедиялуу тагдыры апасын кайгыга салып, ал дагы жарык дүйнө менен кошотошот.

Башкы каармандын келинчеги кетип калып, апасы каза болгону аз келгенсип окууну бүткөндөн кийин аны жумушка алышпай, азиз адам эмнени кыйратмак эле дегенчелик кылышат. Он эки мүчөсү соо адамдардын тоскоолдуктарынан улам көптөгөн кыйынчылыктарга туш келет.

Көзү көрүп туруп көрбөгөндөр бар

Жигиттин монологу: - Энеке кечир мени, менин сокурлугумду,
Менин жанда жок тагдырымды,
Баарын, баарын кечир, эне.
Жок дегенде тиги дүйнөдө бейишке чык,
Куураба!
Мен эми жапжалгыз,
Мага шерик болуучу адамымды,
Издеп келип табамынбы?
Алыста, эң алыстан берет кабар,
Кимдиндир учкан жери узабай кал.
Айтылбай уучталуу калган тагдыр,
Караандыр көз учумда калкып баткан.
Мен көзү көрүп туруруп көрбөс,
Кулагы бар туруп, укпас адамдарга окшогум келбейт.
Көк асман!

Башкы каарман “тирүү болуп жерде жок, өлүү болуп көрдө жок калган тагдырына” канчалык кейигени менен жашоого болгон кумарлыгы күчтүүлүк кылып, “эки көзүм сокур эле”-деп отуруп калбай, турмуштун албуут толкунуна төшүн тосот.

Акыры чиновниктердин эшигин “тытып” жүрүп жумушка орношот. Ошол мезгилде аны көзү соо кезинде жактырып жүргөн мектепте чогуу окуган кыз жолугуп калып, экөөнүн ортосунда ысык мамиле пайда болот.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин экөө баш кошот. Бирок жубайы дагы оорукчал болуп, бала төрөгөндөн кийин каза болот. Чыгармадагы башкы каарман “жазмыштын башка салганы ушул экен” деп мүңкүрөп отуруп калбай, жашоодогу кыйынчылыктарды чыдамкайлыгы, эмгекчилдиги, сабырдуулугу менен жеңет.

Бул жерде театрдын артисттеринин чеберчилигин даа баалап кеткен оң. Жигиттин ролун ойногон актер Марат Козукеев каармандын ички дүйнөсүн, анын айтайын деген оюн таасын, так ачып берген.

Эненин ролундагы актриса Албина Имашева айылдык карапайым аялдын мээримдүүлүгүн, айкөлдүгүн, турмуштун катаал сыноолоруна туруктуулугун көрсөткөн. Жан дүйнөсүндөгү карама-каршылык, жароокер аялды алсыратканын актриса мыкты чагылдырган.

Жигиттин ролун ойногон актер Марат Козукеевдин пикиринде анын каарманы эрки күчтүү, жашоону сүйгөн, эмгекчил, боорукер, кайраттуу адам.

-Бул ролду ойноо мен үчүн оңойго турган жок. Мен образын жараткан башкы каарман Жигит айтат, “Мен күндү көргүм келет”,-деп. Бул адамдын жеке эле күндү эмес, жашоого болгон умтулуусу. Ички жан дүйнөсүнүн күчтүүлүгү. Эртеңкиге болгон үмүтүнүн күчтүүлгү. Мына арабызда “көзү көрүп туруп көрбөгөн, кулагы угуп туруп укпаган” замандаштарыбыз канча. Бул азиз Жигит адамдарды “көкүрөгүңөр сокур болбосун, сезимиңер өлбөсүн” деп, ырайымдуу болууга үндөп жатпайбы, -деди Марат Козукеев.

“Сынык асман” пьесасынын автору акын жана драматург Алтынай Темированын айтымында, чыгармадагы каармандын тагдыры, белгилүү коомдук ишмер Калык Мамбетакуновдун тагдырынан, анын жашоо турмушунун айрым бир окуяларынан алынган.

“Чыгарма аркылуу эмес, ошол эки көзү азиз Калык Барыктабас уулунун бүгүнкү күндө жасап жаткан иштерин карап туруп, анын майыптарга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жасап жаткан ат көтөргүс эмгегин көрүп туруп, адамдарды жашоого, бири-бирине аяр мамиле кылууга, майтарылбас эрктүү болууга чакырат элем”,-дейт автор.

Алтынай Темирова
-Эки көзү азиз жигит өмүр бою сынык асманды көрсөм экен деп үмүт катары ага жетеленип, ошого умтулуп жакшылыктан үмүт үзбөй жашайт. Ошол оптимистик дух менен башына түшкөн трагедиянын баарын жеңип, өзүнүн эркин курчутат. Ушунчалык бийик даражага жетет. Он эки мүчөсү соо адамдарга ушул кишиден үлгү алып, эркти бекем кылып, чоң дух, кайрат менен жашагыла деп айтаар элем,-
деди Алтынай Темирова.

Спекаклден кийин сөз берилген Калык Мамбетакунов ушул жылы Астана шаарында жүрөгүнөн оор операция жасатып, ажалдан аман калганын айтты.

-Урматтуу замандаштар. Бул дүйнөгө адам баласы келгенде өзүнүн өмүр жолунда жараткандын маңдайына жазганын көрөт экен. Адам өзүнүн тагдырында кезиккен татаал тепкичтерди аттаганда адамдын акыл-эси дагы чыдайт экен. Эрки дагы майтарылбай чыдайт экен. Бирок ден-соолук көтөрө албай кеткен кез болот экен. Мен 11-мартта Астанага барып жүрөгүмө операция кылдырып, он эки саат наркоздо жатып калдым. Анан 12-мартта таңга жуук акырындан эсиме келип баратканда ойлонуп аттым. “Операция мага жасаштыбы же жасаша элекби? Операция кылышса мен тирүү калаар бекенмин? Эгерде жасай элек болсо, азыр операция кылышса кандай болот жыйынтыгы. Реанимациядан аман чыгамбы, элие, үйүмө аман-эсен барамбы?,-деп ой кетип атканда. Эки жагымда шырылдатып эле бирдеме кылып жүрүшкөн. Анан оң жактагы врач аял сурады, “эгерде ушул бойдон өрчүп отурса бул адамды эртең палатага которобузбу?”,-деди. Сол жактагы врач, “Ооба которобуз”,-деди. Ошондо мен, “Мен тирүүмүн! Мен жашайт экенмин!”,- деп эгерде күчүм болсо Астанага, Астанадан туруп ушул Кыргызстанга, ал тургай жер планетасына, анда жашаган 6 миллиард адамдын кулагына жеткидей кылып кыйкырар элем. Бирок кирпик кыймылдатканга шай жок болду. Мээнин тээ түпкүрүндө ушул жашоого бүлбүлдөп кайра умтулуу пайда болуп, жандана баштадым.

Калык Мамбетакуновдун айтымында, операциядан кийин жүрөктү иштеткенде жүрөк токтоп калып, догдурлар кайра 11 минут операция кылышып канды жүгүрткөндө жүрөгү иштеп кетет.

Азиздержана дүлөйлөр коомунун президенти Калык Мамбетакунов жубайы Динара менен
Ал спектаклдеги окуялар анын турмушунун бир үзүмү экенин белгилеп, бирок бул тагдыр жалгыз эле аныкы эместигин, Кыргызстандагы 124 миң майып адамдардын кейиштүү тагдыры да коомду ойлондуруучу маселе экенин айтты.

Коомдук ишмер Калык Мамбетакуновдун жыйырмадан ашкан уулу Марат апасы каза болгондо 13 жашта экен. Мараттан башка үч кызы турмушка чыгышып, өздөрүнчө үй-жайлуу. Кийинки жубайы Динара дагы бир кыз төрөп берип, ал кызы азыр улуттук гимназияда биринчи класста окуйт.

Аптадагы маданият жаңылыктары

Ч.Айтматов атындагы орус драма театры. 26-октябрь,2010-жыл

Коомдук ишмер Д.Садырбаевге Кыргыз Республикасынын баатыры наамы берилди. Бишкекте "Ынтымак" фестивалы өттү.

Kыргыз эл артисти, Коомдук ишмер Д.Садырюаевдин бейитиндеги эстелик. 30-май, 2009-жыл.
Д.Садырбаевге Кыргыз Республикасынын баатыры наамы ыйгарылды

Президент Роза Отунбаеванын 29-октябрдагы жарлыгына ылайык коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын эл артисти Дооронбек Садырбаевге (каза болгондон кийин) “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы “Ак шумкар” өзгөчө белгиси ыйгарылды. Ошондой эле президенттин дагы бир жарлыгы менен 2-ноябрь Маданият күнүнө карата бир нече адамга "Эл артисти", 22 адамга "эмгек сиңирген ишмер" жана "эмгек сиңирген артист" наамы берилди, кырктай адам өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланды. (AJ)

Кыргыздын төкмөлөрү Бакуда өнөрлөрүн көргөзүштү

Жаш төкмө акындар Аалы Туткучов менен Азамат Болгонбаев Азербайжандын баш калаасы Бакуда “Ашуг музыкасы” аттуу төкмө акындардын фестивалына катышып, кыргыздын төкмөлүк өнөрүн, сөз чеберчилигин жана комузун таанытып келишти. Өткөн аптада Бакуда беш күнгө созулган бул фестивалга түрк тилүү 8 мамлекеттин өнөрпоздору катышты. Азеридеги фестивалды ЮНЕСКО каржылаган.(AJ)

Кочкор районунда «Алма фестивалы» өттү

Фестивалдын негизги максаты Нарын жана Ысык-Көл облустарынын багбандарынын кесиптик деңгээлин көтөрүү жана багбанчылыкты өнүктүрүү менен кошо соода сатык байланыштарын түзүү болуп эсептелет. Фестивалды «Компаньон», «Мерсико» жана Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү боюнча «Нур-Өмүр» коомдук бирикмелердин ассоциациясы уюштурду. (AJ)

Бүркүтчү алгыры менен
Талас, Көлдүн тайгандары мыкты чыкты

Ишембиде Бишкектин “Ак кула” ат майданында “Ынтымак” фестивалы өтүп, анда “Бүркүт салуу”, “Тайган салуу”, “Балбан күрөш”, “Кыз куумай” оюндары көрсөтүлдү. Жыйынтыгында Талас, Ысык-Көл облустарынан келген тайгандар алгырлыгы, күлүктүгү менен айырмаланышты. Өнөрпоздор улуттук ыр-күүлөрдү аткарып, фестиваль таза кандуу жорголордун жорго салышы менен аяктады. Бул иш чараны “Санат-Кумай” федерациясы Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда өткөрдү. (AJ)


Кыргыз сүрөтчүлөрү Түрк жергесин тартышты

1-ноябрдан 15-ноябрга чейин Бишкектеги Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде “Стамбул кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу көргөзмө болот. Анда кыргызстандык беш сүрөтчүнүн Түркияда тартылган эмгектери коюлмакчы. Сүрөтчүлөр Түркиянын жаратылышын чагылдырган 70тен ашык эмгек жаратышкан. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. (AJ)

31-октябрь: Тарых барактары

Казан шарында 1884-жылдын бул күнү жарык көргөн «Труды IV археологического съезда России» жыйнагында Токмок шаарына учкай орун алган Бурана эстелиги туурасында маалымат орун алган.

Макалада Бурана эстелиги жана анын курулушуна байланышкан уламыш, археологиялык табылгалар кеңири баяндалган. Бурана чебинин курулушу туурасындагы уламыш жана анын сюжеттик мазмуну Мрамор деңизиндеги Леандра сепили жөнүндөгү уламыш менен окшоштугу изилдөөчүлөрдүн көңүлүн бурган.

Пишпек шаарындагы багбанчылык мектеби 1889-жылдын бул күнү кыргыз жеткинчектери үчүн эшигин ачкан. Окуу жай кийин айыл чарба мектебине айланып, андагы окуу программасынын уюшулушу, билим деңгээли жана бүтүрүүчүлөрдүн сапаттык даярдыгы мекетептин атагын Түркстан аймагына тараткан. Аталган мектепте Казакстан республикасынын лидери, айтылуу саясий жана коомдук ишмер Турар Рыскулов окуган. Мектеп башында борбор шаардын Панфилов сейил багында орун алып, кийин ал шаардын түштүк тарабына которулган.

Михаил Фрунзенин Бишкектеги үй-музейи 1947-жылдын бул күнү уникалдуу экспонаттар менен толукталган. Полководецтин мурдагы адъютанты С. Сиротинский музейге Михаил Фрунзенин китептери менен брошюраларын белекке берген.

СССР министрлер кеңешинин төрагасы А. Н. Косыгин 1974-жылдын 31-октябрында Кыргызстанга иш сапары менен келген. Совет өкмөтүнүн жетекчиси Кыргыз ССРинин 50 жылдык салтанатына катышып, республика аймагында орун алган өнөр жайларда болуп алардын иши менен таанышкан. Республика жетекчилери А. Н. Косыгиндин республикага келиши менен өндүрүш маселесине байланышкан бир канча маанилүү маселелердин оң чечилишине өбөлгө болгондугун белгилешкен.

Нарын жергесинде атактуу баатыр Ажыбектин 200 жылдыгы жана айтылуу акын Казыбектин 100 жылдыгы 2003-жылдын 31-октябрында чоң салтанат менен белгиленген. Нарын жергесинде бул күнү Ажыбек баатырдын, жана Казыбек казалчынын эстеликтери салтанат менен ачылган.

Флавий Ромул Август 475-жылдын 31-октябрында императ атанган. Ошентип ал Батыш Рим империясынын акыркы императору болуп калган.

Царскосельский лицейи 1811-жылдын 31-октябрында ачылган.

Невада
1864-жылдын 31-октябрында АКШнын 36-штатына айланган.

Артур Конан Дойл 1892-жылдын 31-октябрында «Шерлок Холмстун окуялары» аттуу чыгармасын жарыялаган.

Муссолининин «Кара көйнөкчөндөрү» 1922-жылдын 31-октябрында салтанаттуу марш менен Римдеги королдук сарайдын кашынан өткөн. Ошентип Италиядагы фашисттик революция жеңип, фашисттик бийлик расмий түрдө күчүнө кирген.

Британия менен Франциянын аскер күчтөрү 1956-жылдын 31-октябрында Египетке абадан сокку уруп, Суэцк каналынын ачылышын талап кылышкан.

Иосиф Сталиндин сөөгү 1961-жылдын 31-октябрында Ленин мавзолейинен чыгарылган.

Тольятти шаарында 2007-жылдын 31-октябрь күнү автобус жарылып, кырсыктан 8 адам набыт болуп, 50 киши жарадар болгон.

БШК: Казган сайын каталар чыгууда

Добуш саноо, 10-октябрь 2010-жыл

Кыргызстандан чет жактагы айрым шайлоо бекеттеринде добуш берүү жыйынтыктары жокко чыгарылганына байланыштуу бир катар өлкөлөрдөгү кыргыз элчиликтери жана консулдуктары тынчсызданууларын билдиришүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаарындагы үч, Орусиянын Железнодорожный, Екатеринбург, Омск жана Тюмень шаарларындагы беш шайлоо бекетинин добуштарынын жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечим аталган бекеттерде добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар болгондугу үчүн кабыл алынды. Алсак, Ош шаарындагы шайлоо бекеттеринде бир эле адамдын бир нече добуш берүүчү үчүн кол койгону экспертизадан аныкталып, Ош шаарындагы №5290 шайлоо бекетинде документсиз добуш берген учурлар белгиленген. Орусиядагы беш шайлоо бекеттеринде да бир адам бир нече жолу кол коюу көрүнүштөрү байкалып, чет өлкөгө чыкчу жалпы жарандык паспорт менен кошумча тизмеге кирген учурлар көп катталган.

Мыйзам бузуулардын айрымдары туурасында БШК төрагасы Акылбек Сариев буларды айтты:

- Ал жерде негизги тизмеде бюллетен алган шайлоочулардын ордуна бир эле кишилер кол кое берген. Бул бир кишинин атынан эле башка бирилери эл үчүн добуш берип койду деген сөз. Бизде эксперттердин тыянагы чыкты. Анысы жок деле көзгө көрүнүп турган, бир эле кишилер кол койгону. Эми биз эмне болсо дагы өзүбүздү коргоп атайын адисттерге кайрылдык. Алардын жыйынтыгында мындай учурлар өтө эле көп.

Натыйжада добуш берүү жыйынтыктары жокко чыгарылган шайлоо бекеттеринин саны Кыргызстандын аймагында бешке, чет жакта 18ге жетти. Чет өлкөлөрдө добуштардын жокко чыгарылышынын негизги себеби жалпы жарандык паспорт менен кошумча тизмеге кирип добуш берүү эсептелинүүдө. БШКнын кечээки отурумунда айрым партия өкүлдөрү жыйынтыктардын жокко чыгарылышы менен партиялардын алган добуштары азайып жатканына кабатырлануусун билдиргенге жетишишти.

Ошол эле учурда чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын элчилик жана консулдуктарынан БШКнын чечиминдерине тынчсыздануу билдирген кайрылуулар да келе баштады. Алсак 29-октябрда Лондон шаарындагы, Украинадагы, Ирандагы кыргыз элчиликтери шайлоо участокторундагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы жокко чыгарылганына байланыштуу президентке жана БШК төрагасына кайрылуу жөнөтүшкөн.

Бул өңдүү билдирүүлөр 30-октябрда да Германия, Орусия, Швейцариядагы жана Дубай шаарындагы кыргыз элчиликтери менен консулдуктарынан келген. Алардын көбү БШК добуштарды жокко чыгарууга акысы жоктугун, добуштардын жараксыз деп табылышы менен чет өлкөдөгү добуш берген кыргыз жарандарынын укуктары бузулуп жаткандыгын билдиришкен. Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин кеңешчиси Болотбек Мукашев 30-октябрда маалымат жыйынын берип, мындай пикири менен бөлүштү:

- Жалпы жарандык тышкы паспорттор менен добуш берүү болбойт деп айтылууда. Баш мыйзамда мындай чектөөлөр жок. Белгилүү болгондой биздин жарандар сыртка чыгып жатканда биринчи кезекте жалпы жарандык паспортун алып жүрүшөт. Эч кандай мамлекеттик орган өз аракети менен биздин жарандардын, алардын ичинде чет өлкөдө жүргөндөрдүн конституциялык укугун чек албайт.

Анткен менен БШК жасалып жаткан иштердин тууралыгына ишенип отурат. Ал түгүл добуш берүү учурунда мыйзам бузууга жол берген жакка тиешелүү чара көрүлүшү үчүн БШКнын токтому Башкы прокуратурага да жөнөтүлөрү маалым болду. БШК төрагасы Акылбек Сариевдин айтымында, мыйзамга ылайык чет жактагы шайлоо бекеттеринде жалпы жарандык паспорт менен добуш берүү мүмкүнчүлүгү негизги тизмеге киргендерге гана берилген. Ага карабастан жалпы жарандык паспорт менен кошумча тизмеге кирип добуш бергендер көп болуп мыйзам бузулган.

БШК шайлоого байланыштуу, арыздарды карап, катачылыкты оңдоо менен алек болуп жатканда шайлоонун расмий жыйынтыгы качан чыгып, Жогорку Кеңеш качан иштеп баштайт деген суроо көпчүлүктүн көңүл борборунда турат. БШКдан маалымдашкандай, арыз, каталарды карап чыгуу, текшерүү иштери толук аяктагандан кийин гана расмий жыйынтык жарыяланат. Бул иштер жыйынтыкталып калганы айтылганы менен, качан аяктары азырынча белгисиз бойдон калууда.

Канатын жайган маңзат мафиясы

Маңзат мафиясы Кыргызстан аркылуу өткөн наркокаттамдарын калыбына келтирүүгө аракеттенүүдө. Бул багытта Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев маңзат мафиясынын аталыктары бийликке таасир этип, өз адамдарын чечүүчү кызмат орундарына алып келүүгө кызыкдар болуп жаткандыгын белгиледи.

Буга чейин Кыргызстан эл аралык прессада ооган героинин ташып өтүүчү маңзат мафиясынын чордонуна айлангандыгы бир нече ирет жазылып келген. Ага маңзат аткезчилигине каршы күрөшүүдөгү бийлик органдарынын алсыздыгы менен бирге эле жогорку кызмат адамдарынын көз жумду мамилеси себепчи экендиги мисалга алынган.

Маңзат мафиясынын калканчы кайда?

7-апрелден кийин саясий калканчынан ажыраган маңзат мафиясы бийликтен жаңы колдоочуларды издеп жаткандыгы айтылууда.

Кеңешбек Дүйшөбаев
Атайын кызматтын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев маңзат мафиясынын өздөрүнө жакын күчтөрдү бийликке алып келүү аракеттери байкалгандыгына токтолду:

- Биздин өлкө наркотрафикке байланып калгандыгы жашыруун эмес. Ошондуктан мурункудай эле маңзаттарын Кыргызстан аркылуу ташып өтүп, чоң акча каражаттарын жасап, аны көзөмөлдөй турган күч органдары менен кызматташып көнүп калган маңзат мафиясынын аталыктары бүгүнкү күндө дагы ошол маңзат каттамдарын сактап калгылары, мурдагыдай эле ээн эркин иш жүргүзгүлөрү келип жатышат. Мына ушуга байланыштуу учурда маңзаттары менен алектенген кылмыш дүйнөсүндөгү адамдар бийликке таасирин тийгизип, мурдатан орун алып калган ири басымынан ажырагысы келбей жатышат.

Атайын кызматтын оперативдүү маалыматтарына караганда, мурдагы бийликке жакын адамдар Ооганстандан Тажикстан аркылуу келүүчү маңзаттарынын Чон Алай жана Баткен багыттарын көзөмөлдөп турушкан.

Агенттиктин жоюлушун акмалаган кимдер эле?

Өткөн жылы сентябрь айында мамлекеттик кызматты реформалоонун алкагында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен маңзаттарына каршы күрөшүү агенттиги жоюлган. Бирок аны жоюп салууга негиз болуучу жагдайлар ачык көрсөтүлгөн эмес. Түзүлгөнүнө беш жылга чукулдаган ал агенттик Бириккен Улуттар уюмунун каржылоосу менен иштеп, маңзаттарын кармоодо башка күч түзүмдөрүнө салыштырмалуу жыйынтыктарды көрсөтө баштаган.

Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, аталган агенттикти жоюу эл аралык маңзат мафиясынын буюртмасы менен ишке ашкан:

- Ага чейин бул агенттик тонналаган маңзаттарын кармап, ондогон кылмышкерлерди колго түшүрүп, натыйжалуу иштерди жүргүзө баштаган. Анан ошону жоюп салгандан кийин кылмыштуу чөйрө абдан жанданып, мурда килограммдап ташып келсе, кийин ачык эле тонналап, машина менен ташыганга өтүшкөн. Бүгүн маңзат мафиясы ошол абалын кайрадан кайтарып алып келгенге аябай аракет жасап жатат.

Маңзат каналдарынын “майы” токтой элекпи?

Бирок анткен менен талдоочулар азыркы учурда маңзаттарын ташыган каттамдарга азыркы учурда бөгөт коюлду дегенге ишенишпейт. Анткени өткөн жылдары кармалган маңзаттарынын көлөмү менен быйылкысынын ортосунда айырмачылык байкалбайт. Адатта маңзат мафиясына кире албаган чабактар гана кармалаары айтылып жүрөт.

Маңзатты ушундай жол менен таратуу да кеңири жайылган.
Учурда Кыргызстанда көмүскө базардагы героиндин бир дозасынын баасы үч доллар болсо, Өзбекстанда анын наркы 6-8 долларга чамалаш. Муну эксперттер коңшу мамлекетке караганда өлкөдө ташылып келип жаткан маңзатынын көптүгү менен байланыштырышат.

Мурдагы чекист Алишер Абдымомуновдун айтымында, өлкө аркылуу өтүүчү ири маңзат каналдарына азыр деле бөгөт коюу аракети байкалбайт:

- Шайлоо болобу же бирөөнү кызматка коюш керекпи акчасын алып туруп ишин бүтүрүп койо беришет бизде. Ал акча каяктан келип жатат, маңзатынан же курал-жарак сатууданбы аны териштиришпейт. Маңзат мафиясы Акаев мезгилинен бери эле бийликти оңго десе оңго, же солго десе солго буруп жүргөн. Ошол мезгилден бери маңзат мафиясынын колу узарды. Азыр болсо андан беш бетер. Мына азыр деле Кыргызстан аркылуу маңзат ташып өтүүчү ири каналдар иштеп жатат. Акча түшүп жатат. Мына кечээги шайлоодо акча каяктан келип түшүп жаткандыгын көрбөдүкпү.

Маңзат мафиясы мамлекетти оодара алабы?

Талдоочулар эл аралык маңзат мафияларынын негизги каттамдарга ээлик кылуу боюнча өз ара чатакташкан учурлары болуп келгендигин белгилешет.

Талдоочу Токтогул Какчекеев мындай учурда тирешкен маңзат мафиялары өлкөдөгү кырдаалга таасир этүүгө жөндөмдүү болуп келгендигине токтолду:
Биздин өлкө наркотрафикке байланып калгандыгы жашыруун эмес.


- Мына ошол мафия күчтөрүнүн тиреши президенттерди талкалап кетиргенге күчтөрү жетишет. Бул жерде бардык укук коргоо органдарынын жетекчилери менен биргеликте өткөн эки президентибиз экөө тең ошолордун бир тарабынын айтканы менен болушуп кызматташып, экинчилеринин каарына калышкан. Алар эмне кылмак эле. Маңзат каттамына ээлик кылыш үчүн өзүнүн атаандашын ал жактан сүрүп чыгаруу үчүн анын саясий калканчын кошо жыгып түшүрүүнү каржылайт. Мына ошонун айынан бизде жанагыдай көңтөрүлүштөр болуп жатат. Ал гана эмес кечээги Ош окуялары өзбек наркобарондору менен кыргыз наркобарондордун ортосунан чыккан талаш-тартышынан келип чыккан чатактын жыйынтыгы деген маалымат бар.

Быйыл август айында маңзаттарына каршы күрөшүү кызматы кайрадан калыбына келтирилди. Бирок маңзаттарын кармоо же көзөмөлдөөдө талдоочулар өзгөчөлөнгөн шарттар жана усулдар азырынча байкала электигин белгилешүүдө.

Апта окуясы: Күттүргөн жыйынтык, чыңалган нервдер

Парламенттик шайлоодон бери туура 20 күн өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жыйынтыктарын дале чыгарбай, өлкө башкарабыз деген лөктөрдүн тынчы кете баштады.

Борбордук шайлоо комиссиясы 20 күндөн бери шайлоо жыйынтыктарын чыгарбай турат. Андыктан бул апта алдын ала эсеп боюнча беш пайыздык чектен өттү делген беш партиянын тынчсыздануусу, бири-биринин нервин текшерүүсү, аңдышуусу, коалиция түзүү боюнча баш оорутуулары менен өткөнү калды.

Аңдышмай апта, кечиккен жыйынтык

Шайлоонун ырасмий жыйынтыктарынын кечеңдешин “Бүтүн Кыргызстан” партиясы өзүнө байланыштырып, бийликте тургандар аларды беш пайыздык чектен өткөрүүнү каалабай атканын айтышууда. “Ата-Журт”, “Ар-намыс” партиялары да беш пайыздык чекте салаңдап турган “Бүтүн Кыргызстан” партиясына тилектештигин билдиришүүдө. Айтмакчы бул үчөө тең өлкөдө күчтүү президенттик башкаруу болушу керектигин билдирип, парламентке келген соң баш мыйзамды өзгөртүү аракетин жасашарын айтып келатышкан.

Бешинчи болуп беш пайыздык чектен өткөн “Ата Мекен” партиясынын жетекчилиги болсо парламенттик системаны өзгөртүүгө жол бербөө керектигин айтышууда. Социал-демократтар деле парламенттик башкарууга каршы эместигин, бирок негизги стратегиялык өнөктөш катары авторитардык Орусияны көрөрүн айтышат. Бирок 7-апрелден кийин бийликке келген бул эки партия тең шайлоо жыйынтыктарынын кечеңдешине тиешелери жоктугун билдиришүүдө.

Соңку күндөрү Орусияны улуу агасы катары эсептеген пикирлери дал келе түшкөн “Республика” менен КСДП коалиция түзүүдө бирге болорун айтып чыгышты. Аркы жээкте ашынган орусиячыл “Ар-намыс” менен “Ата-Журт” турат. Мындай шартта “Ата Мекен” партиясы колиция түзүүдө чечүүчү роль ойноп калчудай. Бирок сценарий башкача өнүгүп кетиши, кеңири коалиция түзүлүп калышы да ыктымал.

Алдын-ала жыйынтыктар өзгөрүшү ыктымал

БШК болсо ырасмий жыйынтыктардын кечеңдешин кадыресе көрүнүш катары түшүндүрүүдө. БШК төрагасы Акылбек Сариевдин айтымында, шайлоо протоколдорун салыштыруу, кошумча тизмедегилердин санын аныктоо иштери убакытты созуп койду. Ушул тапта бул иштер соңуна чыгып, келаткан аптага чейин ырасмий жыйынтыктар чыгары айтыла баштады. Президент Роза Отунбаева да алдын ала эсептөөлөр боюнча беш пайыздык чектен өттү делген партия лидерлеринин төртөө жана БШК төрагасы менен жолугушуп, шайлоо жыйынтыктарын тездетүү керектигин билдирген.

Мурда негизги тизме боюнча беш пайыздык тосмо 142 миңге чукул болсо, кошумча тизме менен шайлаган 200 миңдей адам кошулгандан кийин ал чек 150 миңге чыгып кетти. Шайлоодо 145 миңден ашуун добуш топтогон “Бүтүн Кыргызстан” партиясы буга катуу нааразычылыгын билдирүүдө. Эми БШК протоколдорду салыштыргандан кийин бир катар каталарды аныктап, шайлоочулардын санын дагы 40 миңге көбөйттү.

Кошумча тизме боюнча добуш бергендер арасында негизги тизмеден чыгарылбай калгандары да болгон. БШК акыркы жыйынында андай шайлоочулардын саны 4 миңдей экенин айтып, аларды тизмеден чыгарды. Ошентип шайлоочулардын соңку так эсеби аныкталып, ал 3 миллион 36 миңди түздү. Мурда негизги тизмеде 2 миллион 837 миң 957 шайлоочу көрсөтүлүп, алдын-ала эсептөөлөр да ушуга жараша көрсөтүлгөн. Демек өскөн санга жараша беш пайыздык чек да бийиктеп кетүү ыктымалдуулугу чоң болууда.

БШК төрагасы А.Сариев деле жыйын алдында негизги тизмеден алынбай туруп добуш бергендердин саны анча көп эмес экенин айткан:
А.Сариев

- Жалпы шайлоочулардын саны кырк миңдейге көтөрүлдү. Бирок биз башка ченемди да карап жатабыз. Тизмеден чыгуу күбөлүгү деген бар, аны көп жерде албай коюшуптур. Кошумча тизме менен добуш бергендер негизги тизмеден алыныш керек эле. Эми ал көп деле эмес, беш-он деген сан. Бирок республика боюнча алып келгенде ал деле көп санды түзүп калат. Азыр ошону өзгөртөбүз, анын эсебинен азыркы көрсөтүлгөн сан көп болбосо да түшөт.

Автоматташкан ГАС шайлоонун көрсөткүчү боюнча алдын ала жыйынтыктарда биринчи орунду “Ата-Журт” партиясы ээлеген. Андан соң Социал-демократтар, үчүнчү “Ар-намыс”, төртүнчү “Республика”, бешинчи “Ата Мекен” партиясы турат. Эгер кошумча тизменин негизинде башында 200 миң, кийин 36 миң шайлоочу кошулганын эске алсак, жыйынтыкка келгенде жеңүүчүлөрдүн ээлеген орду өзгөрүп, “Ата-Журт” алдыда болбой калуусу толук мүмкүн.

Шайлоо жыйынтыктарынын кечиккенине нааразы болгон “Бүтүн Кыргызстан”, “Ар-намыс” партиясынын жетекчилери президент менен да, БШК жетекчилиги менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнүн, жыйынтыктар апта соңуна чейин чыгат деген убадаларды угушканын айтышкан. БШК мүчөсү Абдымомун Мамараимов болсо жыйынтыктар качан чыгарын азыр да так айтууга мүмкүн эмес экенин билдирүүдө:

- Тизмеге кирген шайлоочулардын саны жазыла турган жерге, добуш берген шайлоочулардын санын жазып коюшкан. Ошондуктан көп шайлоо бекеттеринде шайлоочулардын саны азайып кеткен. Ошону биз кайра калыбына келтирип, биринчи графаны оңдодук. Жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоо бекеттеринде, кайсы партия канча добуш алган болсо, ошончо кыскарат жыйынтыктарды чыгарганда. Бир партия бир добуш алдыбы, демек бир добуш жоготту деген сөз.

Ал эми жыйынтыкка келе турган болсок, бирок азыр биз аны так айта албайбыз. Аягына чыгышыбыз керек тактоолордун. Ошондо гана чечим чыгара алабыз.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Марат Кайыповдун пикиринде, кошумча тизме атайылап аларды парламентке жолотпоо максатында көбөйтүлүүдө. “Кошумча тизме менен добуш бергендер көбөйгөн сайын, негизги тизмедегилердин саны азайып жүрүп отурушу керек эле”,- дейт ал:
М.Кайыпов

- БШК шайлоочулардын санын каяктан көбөйтүп атат билбейм. Мыйзам боюнча кошумча тизме киргендердин санын негизгиден өчүрүш керек. Бул Шайлоо кодексинин 22-беренесинин 4 пунктунда көрсөтүлүп турат. Жөндөн-жөн эле киши көбөйө бербейт да. Муну атайын “Бүтүн Кыргызстан” үчүн көбөйтүп жатпайбы.


Эми минтип алдын ала эсептөөлөр боюнча алдыда бараткан партиялар артка жылып, беш пайыздык чектин кырында турган “Бүтүн Кыргызстан” тосмону аттай албай арманда калышы мүмкүн болуп турат. Шайлоонун жыйынтыгы чыккыча митинг-пикеттерин токтоткон бул партия, өтпөй кала турган болсо чоң чатак салышарын билдирген. Ал тургай М.Кайыпов “Бүтүн Кыргызстан” өтпөй кала турган болсо, бийликти алмаштырганга чейин барышарын айтып салган.

Ушуга чейин шайлоо протоколдорун салыштыруу маалында БШК каталарды тапканын айтып, чет жактагы тогуз мамлекеттен 13 шайлоо бекетинин, Кыргызстандын ичинен Өзгөн районунда эки шайлоо бекетинин протоколдорун жокко чыгарды. БШК шектүү делген дагы 3-4 шайлоо бекеттеринин протоколдору бар экенин билдирүүдө.

Күз күрөш. Митинг-пикеттер уланабы?

Бул аптада “Ар-намыс” партиясы да митинг өткөрмөкчү болуп, 27-октябрда 300 атчан коштогон адамдарын эски аянтта топтой турганын жарыялаган болчу. Алар БШКдан тез арада жыйынтыктарды чыгарууну талап кылышкан. Аталган партиянын жетекчилеринин бири Эмил Алиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, алардын митингине каршы митингдер пландалганын, анын үстүнө БШК жума соңуна чейин жыйынтыктарды чыгарууга убада бергенин, ошол себептүү митингди токтотушканын айткан:
Э.Алиев

- Биз митингге элдерди чыгарбайбыз, бешинчи күнгө (29-октябрь) чейин чыдайбыз, күтөбүз. Биз өзүбүздүн активдерге айтканбыз, митингге чыкпай эле коёлу деп. Биздин эң негизги талабыбыз, БШК шайлоонун жыйынтыгын тез арада чыгарсын деген талап болчу. Болбосо бул Кыргызстанда ар кандай ойлорду туудуруп, өлкөнү туруксуздукка алып келатат да. Менин оюмча биз митингге чыкпай туруп эле максатыбызга жеттик. БШК жума күнгө чейин жыйынтык чыгарууга мажбур болду. Мындай Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп атат. Мурда 5-6 күндүн ичинде эле чыгарып койчу. Азыр болсо үч жумага жакындап баратат, эч нерсе жок.

Эми жыйынтыктар чыккандан кийин чектен өтүп алган “Ар-Намыс” митинг-пикет кылып кыйкырып чыкпас. Бирок чектен өтпөй калса “Бүтүн Кыргызстан” чатак салышы мүмкүн.

Саясий серепчи Марс Сариевдин божомолунда, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы баарыбир беш пайыздык тосмодон өтпөйт. Ал партия жалгыз өзү ири митингдерди өткөрүп, кырдаалды курчутуп жибериши деле күмөн. Анткени жыйынтык чыккан соң буларга жан тартымыш болгон “Ар-намыс”, “Ата-Журт” партияларынын “Бүтүн Кыргызстан” менен иши болбой калат:
М.Сариев

- Менин оюмча азыркы шайлоо жыйынтыгы анча катуу өзгөрбөйт. Ушул боюнча эле калат. Көп болсо беш депутат тияк-биякка жылат. Азыр лидер болуп келаткан “Ата-Журт” партиясы ошол эле ордунда калат. Башка катышкан партиялар деле ошол эле бойдон калат. “Бүтүн Кыргызстан” деп айтылып атат, бирок бул партия беш пайыздык чектен өтпөй эле четте калат. Ошондуктан менимче кардиналдык өзгөрүү күтпөш керек.

20 күндөн бери жыйынтыктарды чыгарбай келаткан БШК жарышта озуп чыккан партияларды тынчсыздантып, айрыкча “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын нервин катуу чыңалтты. Беш пайыздык чек көтөрүлгөндөн бери бир катар митингдерди өткөрүп, он чакты күн мурда эле бийликке бир-эки күн берип аткан бул партиянын шайы оой түшкөндөй. Ал эми тартип сактоо органдары кырдаалды курчутуу аракеттерине жол берилбесин, милиция, элдик кошуундар, керек болсо аскерлер даяр турганын белгилешүүдө.

Коогалаңга байланыштуу 4692 кылмыш иши катталган

Кара-Суу районуна караштуу Ташлак шаарында өрттөлгөн, азыр кайра курула баштаган үй.

Июнь коогалаңында расмий эсеп менен 429 адам өлгөнү айтылса, президент Р.Отунбаева түштүккө жасаган сапары маалында набыт болгондордун саны мындан алда канча көп болушу ыктымалдыгын айткан.

Эгер бул коогалаң, айрымдар ырастагандай, 20 жыл бою даярдалган болсо көп санда курал-жарак чыгышы керек эле. Бүгүнкү күнгө карата эки жүзгө жетпеген курал табылган. "Азаттыктын" суроолоруна баш прокурордун биринчи орун басары Рыскул Бактыбаев жооп берди.

- Азыр жалпы статистика кандай?

Рыскул Бактыбаев: Июнь окуясы боюнча Oш, Жалал-Абад облустары жана Ош шаары боюнча 4692 кылмыш иши катталган. Алар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Алар боюнча шектүү деп 301 киши кармалып, алардын 268си азыр камакта.

429 кишинин өлүгү таабылган, 382 өлүк таанылган, 47и таанылбай турат. Алар боюнча материалдар ДНК экспертизасына Орусияга жиберилген. Бизде андай экспертиза жасалбайт. Андан сырткары 1949 адам ар кандай жараат алган. Анын 947си ок атуучу куралдан жараат алган. Алар бардыгы жараатынан айыгып, ооруканадан чыгып кеткен. Бардыгы болуп 1722 экспертиза дайындалган. 38 адам дайынсыз жок деп изделип келет.

Рыскул Бактыбаев Ош шаарындагы кеңсесинде, 23-октябрь, 2010-ж.

- Президент коогалаңда 2000 киши набыт болушу ыктымал деп айткан. Ал кезде прокуратура 192 кишинин өлгөндүгүн айтып жаткан. Андан бери мына төрт ай өттү, азыр силер дагы деле 500гө жетпеген киши өлдү деп жатасыңар. Президенттин айтканы менен ушул көрсөткүчтүн ортосундагы айырманы кантип түшүндүрө аласыз?

Рыскул Бактыбаев: Ооба, азыр өлгөндөрдүн саны 429. Президенттин антип айтканын билбейм, бирок башка саясатчылар 500 киши өлдү, 1000 киши өлдү деп жүрүштү. Бирок адам деген адам да, анын урук-туугандары, бала-чакасы бар. Ким жок болсо, арыз менен кайрылышты. 429 деген такталган маалымат.

- Массалык көрүстөндөр болдубу?

Рыскул Бактыбаев: Биринчи күндөрү болгон, аларды тынчыгандан кийин ачып, эксгумация кылгандан кийин туугандары алып кетишкен.

- Туугандары буга макул болгонбу?


Рыскул Бактыбаев: Ооба. Мындан тышкары бүгүнкү күнгө карата 1508 ок-дарылар жана ок атуучу куралдар табылган, анын ичинен 165 ок атуучу курал алынган, 14791 ок-дары.

- 165 ок атуучу курал табылган дедиңиз. Алар кандай курал болгон? Канчасы автомат, канчасы аңчылардын мылтыгы болгон? Себеби эгер бул коогалаң чынында да алдын ала даярдалган болсо, анда автоматтардын саны көп болушу керек эле.

Рыскул Бактыбаев: Жок, менде андай маалымат жок, 165 деген бул ар түрдүү модификациядагы, анын ичинде Калашников деген жалпы куралдын саны.

- Болжол менен 165тин ондон бири Калашников болгон деген сыяктуу болжолдуу санды атай аласызбы?

Рыскул Бактыбаев: Андай так санды мен айта албайм. Бүгүнкү күндө 3603 адам жапа тарткандар деп табылган. Алардын көпчүлүгү денесине жараат алгандар, анан өтө көпчүлүгү - мүлкү бүлүнгөндөр: бирөөнүн машинасы жок, бирөөнүн үйүнө ууру кирген; көчөдөгү дүкөндөрдүн ээлери, жеке ишкерлер кайрылган. Башаламандык болгон күндөрү алардын көптөгөн буюмдары уурдалган.

- Жабыр тарткан бул 3603 дегенге сиз жогоруда айткан жараат алган деген 1949 адам да киреби?

Рыскул Бактыбаев: Кирет, ошонун ичинде. Кылмыш иштери боюнча 3124 тапшырма (көрсөтмө) берилген. Бардыгы болуп 140тан ашык кылмыш иши сотко кетти. 262 адамдын үстүнөн кылмыш иши козголду. Келтирилген зыяндар: жеке адамдарга келтирилген зыян 9 млн. 580 миң сом. Андан тышкары, Ош, Жалал-Абаддагы үйлөрдү калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекция үй-мүлккө келтирилген зыяндарды өз алдынча карап жатат.

- Жайкы коогалаңда 2000дей үй талкаланган деп кабарланды. Бул жалпы үйлөрдүн канчасын түзөт? 5% же 10 пайызды түзөбү?

Рыскул Бактыбаев: Мен аны так айта албайм. Менде андай статистика жок.

30-октябрь: Тарых барактары

Батыш Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфорд 1853-жылдын 30-октябрында кыргыздардын солто, сарыбагыш, бугу жана улуу жүз казактардын айрым уруулары ортосундагы ич ара мамилеси тууралуу кабар алган.

Маалыматка ылайык, алардын ортосундагы араздашуу жана барымтачылык сыяктуу терс көрүнүштөр убактылуу токтогон. Генерал-губернатордун белгилөөсүнө караганда, жалгыз гана солто уруусу тартипке кирбей, коңшу казактардын малына тийип, бирин-серин барымта алуудан кайтпагандыгы кабарланат.

30-октябрь – Саясий репрессия курмандыктарынын эл аралык күнү. Бир канча жылдан бери бул күн Кыргызстанда да белгиленип келет. Кыргызстан совет маалында саясий репрессия запкысын башынан өткөргөн өлкө.

Кыргызстан калкынын саны XX кылымдын биринчи жарымында 700 миң чамалап, 1937-38-жылдар аралыгындагы саясий репрессия маалында 10 миңдей адам жазага тартылып, алардын көбү атылып кеткен. Совет маалындагы саясий репрессиянын айынан кыргыз калкынын билимдүү жана саясий маданият ташыган катмары жоюлган. Мамлекет башкарууга даярдалган миңдеген саясий жана коомдук ишмерлер атылган.

Кыргызстандык реставраторлор 1969-жылдын бул күнү “Манас” күмбөзүн оңдоо ишин дээрлик бүткөнүн билдиришкен. Реставраторлордун жетекчиси Борис Помаскиндин билдирүүсүнө караганда, күмбөздү оңдоо ишинде 7 миң чамалуу атайын бышырылган кирпич даярдалып, жаңы кирпичтер эскилердин ордуна жаңыртылган.

Крестүүлөрдүн акыркы жортуулу 1270-жылдын 30-октябрында башталган.

Испан-португалдык аскерлер 1340-жылдын 30-октябрь күнкү Рио-Саладо салгылашында арабдардын колун талкалаган.

Император Николай II 1905-жылдын 30-октябрында Орусияда “17-октябрь Манифестин” кабыл алган.

Гермес астероиди 1937-жылдын 30-октябрында Жерге болгону 780 миң. км узактыкта учкан.

АКШ президенти Франклин Делано Рузвельт 1941-жылдын 30-октябрында Советтер Союзуна 1 миллиард доллар көлөмүндө жардам берүү долбоорун жактырган.

1967-жылдын 30-октябрында “Космос-186” жана “Космос-188” кемелери ийгиликтүү кошулуп, белгиленген ишти башташкан.

Гётеборг шаарындагы жаштардын дискотекасында 1998-жылдын 30-октябрында өрт чыгып, кырсыктан 63 өспүрүм набыт болгон.

Ош: милиция башчысын өлтүрүү боюнча сот өкүмү чыкты

Айыпталуучулар сот залында, 29-октябрь.

Июнь коогасында Кара-Суу раймилиция башчысы мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө тиешеси бар делген беш кишини сот өмүр бою эркинен ажыратты.

Кара-Суу райондук соту 13-июнь күнү Нариман айылында райондук милиция башчысы Адылбек Султановду жана анын айдоочусу Уран Шамурзаевди өлтүргөн жана өлтүрүүгө катыштыгы бар делген он адамдын үстүнөн жүргөн соттук териштирүүнү 29-октябрда жыйынтыктап, өкүм чыгарды.

Он айыпталуучунун бешөө өмүр бою эркинен ажырады

Натыйжада айыпталып жаткан беш кишини: Азиз Ташировду, Мирзахид Салиевди, Фахриддин Ашуровду, Шахбоз Абдуллажановду, Хасанбай Талиповду өмүр бою эркинен ажыратып, үй мүлкүн конфискациялоо тууралуу өкүм чыкты. Андан башка сот киши өлтүрүүнү көрүп туруп чара көрбөгөндүгү, өзгөчө оор кылмышты жаап жашыргандыгы жана улут аралык араздашууга чакырык таштагандыгы үчүн Бахадыр Жороевди жыйырма беш жылга, Абдилазиз Азимовду сегиз жылга, Улукбек Расуловду беш жылга, Мирадил Кочкоровду төрт жылга эркинен ажыратты.

Айыпталуучулардын бири Дилшат Ахроров соттук отурумдарда суроолорго жооп бербестен акыл эси ордунда эместей түр калтыргандыктан судья Бакыт Усупбеков анын психикалык саламаттыгы аныкталганча иши жалпы иштен бөлүнүп, бул үчүн атайын экспертизалык топ иштей турганын ачыктады.



Мамлекеттик айыптоочу Калмамат Бекташев.

Мамлекеттик айыптоочу Калмамат Бекташев соттун чечими менен негизинен макул экендигин, бирок айыпкер Ахроровдун психикасы ордунда эместигине ишенбестигин билдирди:

- Мен негизинен соттун чечимин туура көрөм. Бирок айыпкер Дилшат Ахроровдун психикасы жайында эместигине ишенбейм. Себеби ал сентябрь айына чейин соттук териштирүүлөр башталганча өзүн соо адамдай алып жүргөнүн баарыбыз билбебиз.

Жабырлануучулар сот өкүмүнө канааттанбайт

Жабырлануучу тараптагылар болсо өкүм жеңил болуп калды деп айтышууда, алар эми жогорку сот бутактарына кайрылышмакчы.
Адылбек Султановдун жесири Гүлзада Султанова.

Маркум Уран Шамырзаевдин аялы Нуржамал Түгөлова:

- Мен чечимге каршымын. Айрыкча өлтүргөн жана өрттөгөн балдарды атууга өкүм чыгарыш керек эле. Биз дагы сотко арыз менен кайра кайрылабыз.

Маркум Адыл Султановдун аялы Гүлзада Султанова:

- Өкүмгө ыраазы эмесмин. Бардыгы тегиз өмүр бою эркинен ажыратылышы керек эле. Дал ошол мыкаачылык кылган, азыр өзүн жинди көрсөтүп жаткан Дилшат Ахроровго катаал жаза колдонуш керек болчу. Кайра аны дарылоого жөнөтүп отурат.



Ошол эле учурда бардык соттолгондордун жактоочулары да он күн аралыгында апелляциялык арыз менен сотко кайрыла тургандыктарын белгилөөдө. Алар буга чейин эле айыпкерлерге тергөө мезгилинде күнөө күч менен моюнга алдырылган деп айтып келишет.

Оштогу быйылкы жайдагы коогалуу күндөрү, 13-июнда Нариман айылына элди тынчтандыруу, сүйлөшүү максатында барган Кара-Суу районунун милиция башчысы Адылбек Султанов жана анын айдоочусу, милиция кызматкери Уран Шамурзаев мыкаачылык менен өлтүрүлгөн болчу.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, июнь окуялары боюнча төрт жарым миңден ашуун кылмыш иши козголгон. Учурда шектүү делип эки жүздөн ашуун киши убактылуу кармоо жайында жатат. Алардын арасында эки улуттун тең өкүлдөрү бар.

Чек ара коопсуздугу колдоого муктаж

Коңшулаш Тажикстандагы куралдуу топтордун күч алуусу Кыргызстандын чек ара коопсуздугун чыңдоо маселесин күн тартибине койду.

Буга байланыштуу коомчулукта өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу демилгелери көтөрүлүүдө.

“Кароол дөбөдөгү” кабатырлануу

Тажикстандын чыгыш жана түндүк-чыгыш аймагындагы өкмөттүк аскерлер менен согушчандардын ортосундагы куралдуу салгылашуулар Кыргызстандын Баткен жана Чоң-Алай багытындагы чек ара тилкелерине коркунуч туудурууда. Айрыкча 28-октябрдагы Баткендин Таш-Тумшук жана Көк-Таш айылдары менен чектешкен Тажикстандын Чоркух айылындагы атышуулар чек ара көзөмөлүн күчөтүү талабын алдыга койду. Бирок бул багыттагы өткөөлдөр жана ашууларда бардык айлана боюнча чек араны толук көзөмөлдөөгө Кыргызстандын чамасы чак.
Чолпонбек Турусбеков

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын алдындагы чек ара аскерлеринин кол башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбековдун айтымында, аймактагы чек ара сызыгынын аныкталбай жаткандыгы аны толук көзөмөлгө алууга тоскоолдук келтирүүдө:

- Тажикстандын Чоркух менен чектешкен биздин Ак-Татыр, Самаркандек, Ак-Cайдагы Көк-Таш айылдары жайгашкан аймактын өзү шахматты элестетет. Ошол аймакта аттары башка болгону менен элдер аралашып жашайт. Чек ара сызыгы кээ бир жерлерде үйлөрдүн арасынан же көчөлөрдүн ортосунан өтөт деп айтылса, айрым жерлерде дарыянын жээгинен кесилишет. Мына ушунун бардыгы чек араны бир жактуу толук шартта көзөмөлдөөгө тоскоолдук келтирет. Мына ошондуктан чек ара тилкелериндеги абалды тартипке салып, көзөмөлдү күчөтөбүз десек чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин батырак аягына чыгарышыбыз зарыл.

Ченемге көнгөн чек ара кызматы

Мындан сырткары мамлекеттик чек араны бекемдөө жана аны кайтаруу иштерин күчөтүүдө материалдык-техникалык жабдуунун начардыгы жана адам ресурстарынын жетишсиздиги көп жылдан берки көйгөй катары айтылып келет. Бирок чек ара коопсуздугун чыңдоого жыл сайын мамлекеттик казынадан бөлүнгөн каражат мүмкүн болуучу негизги керектөөнү канааттандырбай келген учурлар аз эмес.

Талдоочу Уран Ботобеков чек ара кызматынын абалы кечиктирилгис шартта чечилиши керек деп эсептейт:

- Чек ара аскерлерибиздин ахыбалы кошуна Өзбекстанга жана Тажикстанга салыштырганда өтө эле кейиштүү. Өтүп бара жатканда салыштырып карасаңыздар чек ара аскерлеринин сырткы көрүнүшү жана бекеттердин тиешелүү шартта жабдылышы бир кыйла эле артта калганы байкалат. Ошого карабастан чек ара кызматынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын курамына киргизилиши анын өз алдынча өнүгүүсүнө тоскоол гана болот. Чек ара кызматы эч бир күч түзүмүнүн алдына киргизилбестен өз алдынча тармак катары ири мамлекеттик колдоого муктаж.

Тажикстан армиясы
Ошол эле учурда Кыргызстандын чек арачылары үчүн заманбап үлгүдөгү чек ара көзөмөлүн жүргүзүүчү атайын жабдуулардын жетишсиздиги, курал-жарак жана аскердик техниканын эскилиги көкүрөктү өйүгөн көйгөйгө айланган.

Чек ара аскерлеринин кол башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбеков аскердик арсеналды жаңылоого жетишерлик каражат бөлүү маселеси буга чейин кечеңдеп келгендигин жашырган жок:

- Чек ара аскерлери колдонуп жаткан курал-жарагыбыз болобу, аскердик техника болобу же болбосо ок-дарылардын түрлөрү болобу эреже боюнча өз мөөнөтүндө алмаштырып, жаңыртып турушубуз керек болчу. Бүгүнкү күндө бул маселе башкача. Ошондуктан бюджетте каралган биздин керектөөлөргө байланышкан талаптар толугу менен аткарылса абал жакшы болмок. Ошондо гана чек ара коопсуздугун чындыгында чыңдоо жөнүндөгү ойлор ишке ашырылмак.

Чек ара аскерлери көбөйтүлөбү?

Кыргызстандын чек ара коопсуздугун чыңдоо багытында буга чейин атайын программалар кабыл алынганы менен анын көпчүлүгү иш жүзүнө ашкан эмес. Сырттан келген техникалык жардам аркылуу гана кенемтени толуктаган айрым учурлар кездешет.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бул жолу чек ара кызматын жабдууну күчөтүү жана аскерлердин санын көбөйтүү маселеси каралып жаткандыгына токтолду:
Тажикстандын Чоркух менен чектешкен биздин Ак-Татыр, Самаркандек, Ак-Cайдагы Көк-Таш айылдары жайгашкан аймактын өзү шахматты элестетет.


- Коопсуздук кеңешинин август айындагы жыйналышында чек ара аскер бөлүктөрүн жабдууну күчөтөлү деген чечим кабыл алынган. Ошону менен катары эле чек ара аскерлеринин жана офицерлердин санын да көбөйтүү маселеси каралган болчу. Анткени биздин кошуна мамлекеттердин чек ара аскерлери биздикине караганда алда канча көптүк кылат. Мунун баары тең жаңы келе турган парламент жана өкмөт менен биргеликте каралып чечилет деген ойдомун.

Учурда Тажикстандын Кыргызстан менен чектешкен жерлердеги татаалдашкан кырдаалдан улам, өлкөнүн башка аймактарынан аталган тилкеге чек ара аскерлери жөнөтүлгөн. Мындан сырткары чек ара тилкелерин толук көзөмөлдөө үчүн башка күч түзүмдөрүнүн кошумча көмөгү жардамга тартылып жаткандыгы маалымдалды.

БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгарган жок

10-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы качан чыгаары дале арсар.

Өлкө жетекчилиги жума соңуна карай шайлоо жыйынтыгы чыгаарын айткан эле, бирок БШК алигиче жыйынтык чыгара элек.

Президент Роза Отунбаева да, биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев да келаткан биринчи күндөн тартып жаңы парламент иштей баштаарын билдиришкен. Бул маалыматты БШК тастыктаган жок.

БШК жыйынтык качан чыгарын так айта албайт

Борбордук шайлоо комиссиясы жума күнкү жыйынында дагы эки шайлоо бекетиндеги добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгарды. Алар Өзгөн районунун № 5474, № 5065 шайлоо участоктору. Буга протоколдор туура эмес толтурулганы, тиешелүү мөөр басылбаганы себеп кылынууда. Мындан тышкары № 5065 текшерүү учурунда башка партияларга берилген 24 добуш бир партиянын пайдасына саналып кеткен.

Абдымомун Мамараимов
БШК мүчөчү Абдымомун Мамараимовдун белгилешинче, алдыда күмөндүү делген Сузактагы жана чет өлкөдөгү 3-4 шайлоо участогунун жыйынтыктары каралмакчы.

- Тизмеге кирген шайлоочулардын саны жазыла турган жерге добуш бергендердин санын жазып коюп, шайлоочулардын саны азайып кеткен. Ошону калыбына келтирип, протоколдун 1-катарын оңдоп, калыбына келтирдик. Жыйынтыгы жокко чыгарылган участоктордо кайсы партия ошончо добуш алса, жалпы жыйынтык чыгарганда ошончо кыскарат. Бул эми бир партия бир добуш алса ошол добушун жоготту деген сөз. Бардыгын кызыктырып аткан жыйынтык маселеси болуп атат. Биз азыр аны так айта албайбыз. Дагы аягына чыгышыбыз керек.

Ошентип шайлоонун акыркы жыйынтыгы дагы деле белгисиз бойдон калды. Буга чейин БШК чет өлкөдөгү 13 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган.

Беш пайыздык босого дагы өсүшү мүмкүн

10-октябрдагы добуш берүү, Бишкек.
Буга байланыштуу Кыргызстандын айрым элчиликтери тынчсыздануусун билдирип, президентке жана БШКга кат жолдоду. Билдирүү ээлери БШКнын “мыйзам боюнча жарандар шайлоого чет өлкөгө чыгууга уруксат берүүчү паспорт менен коё берилбейт” деген себепке кошула албай тургандарын билдиришет. Билдирүүлөрдө кыргызстандык жарандар чет мамлекеттерге дал ушул чет жакка чыгууга уруксат берүүчү паспорт менен чыгышары, бул паспорт дагы кыргыз мамлекетине таандык, Кыргызстандын жаранынын укугун жана эркиндигин коргоочу документ болуп эсептелери айтылат.

БШК жалпысынан 2 330дан ашуун участоктон 1410 участоктун протоколдорун карап, каталарын оңдоп-түзөдү. Ага ылайык шайлоочулардын жалпы саны өзгөрүп 3 млн. 36 миң 671 адамга жетти. БШК кечээги жыйында болжол менен шайлоочулардын саны 40 миңге көбөйгөнүн белгилеген эле. БШК бүгүнгү кыскаруу шайлоочулардын тизмеден чыгуу күбөлүгүнүн эсебинен жүргүзүлгөнүн белгилешүүдө.

Абдымомун Мамараимовдун айтымында, жокко чыгарылган участоктордун негизинде автоматташтырылган "Шайлоо" системасынын эсеби боюнча өттү делип аткан беш партиянын пайыздык көрүнүштөрү бир аз өзгөрүшү ыктымал. Бирок сандык жана пайыздык жактан анчалык чоң өзгөрүү күтүлбөйт. Ал эми ашйлоочулардын санын көбөйүшүнө жараша беш пайыз босого да өсүүдө.

Атыш болгон тажик айылына жакын жердеги кыргыз жарандары чыгарылды

Тажикстандын Чоркух айылынан бир көрүнүш. Тоо арасындагы бул айылдын атын кыргызчалаганда төрт тоо деген маани берет.

Тажикстан атайын операция жүргүзүп жаткан аймагына жакын турган Кыргызстандын айылындагы 15 үй-бүлө коопсуз жайга жайгаштырылды.

28-октябрда кечке маал Баткен районунун Көк-Таш айылы менен чектешкен Тажикстандын Чоркух айылында бир нече саатка созулган ок атышуу болду. Бул күнү тажик күч кызматтары аталган айылдагы бир нече үйдөгү «Баят» диний экстремисттик уюмунун кылмыштуу тобун курчоого алып, эки тараптуу атышуулар жүргөн. Буга байланыштуу Кыргызстандын күч кызматтары да окуя болгон аймака жакын чек араларды күчөтүлгөн тартипте кароого алышты.

Кошунаң тынч, өзүң тынч...

Чоркух айылында бейшемби күнү кечке маал башталган ок атышуу түнкү саат тогуздар чамасына чейин уланып, эртеси, жума күнү да түшкө чейин бирин-серин октун үнү чыгып турганын бул айылга жакын Баткендин Көк-Таш айылынын тургундары айтышууда. Тажик күч кызматтарынын белгисиз куралчан топтор менен атышуусу Чоркухдагы №25 орто мектептин айланасында болуп жатканы маалымдалды.
Чоркух айылынын бир көчөсүнөн көрүнүш, 2006-жылдын 16-майында тартылган сүрөт.

Бул окуя боюнча Баткен облустук ички иштер башкармалыгы да өз аймагындагы коопсуздукту сактоо үчүн күчөтүлгөн тартип менен иш алып барууда. Башкармалыктын уюштуруу бөлүмүнүн ага инспектору Кеңеш Мергеновдун айтымында, кошуналардын аймагында расмий күч кызматтары менен “Баят” деп аталган диний-экстремисттик топтун ортосунда кагылышуу болгон.

-“Баят” экстремисттик уюмуна тиешеси бар делинип издөөдө жүргөн 11 кылмышкерди күч кызматтары кармап, милиция бөлүмүнө алып келген учурда туугандары келип, аларды бошотууну талап кылышкан. Кандайдыр бир себептер менен алар (кармалгандар) качып кетишкен да ошол № 25 мектептин айланасына келип жашырынышкан. Анан атышуу болуп, натыйжада 4 куралчан каза болгону айтылып жатат. Азыркы күндө кошуна аймактагы татаал кырдаалга байланыштуу биз өзүбүдүн аймактагы коопсуздукту сактоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз.

Тажик тараптан так маалымат жок

Ал эми бул окуялар жүрүп жаткан аймак Кыргызстандын Көк-Таш айылы менен өтө жакын аралыкта чектешип турат. Бирок куралдуу топ менен кармаш жүрүп жаткан жерге жөнөкөй атуулдар кирген да, чыккан да жок. Куралдуу күчтөр тарабынан катуу курчоого алынып, каттамга тыю салынган.

Чоркух айылынын бир көчөсүнөн, 2006-жылдын 16-майында тартылган сүрөт.
Чоркух айылынын орто ченинде Кыргызстанга тиешелүү Арык-Асты деген жерде15 үй-бүлө анклавда жашайт. Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова түнү бою кооптуу делген аймактагы 15 үй-бүлө Кыргызстандын аймагына чыгарылганын айтты:

- Ошол Чоркухдагы аскер бөлүгүнө жакын бир чакырым жерде биздин 15 үй-бүлө бар болчу анклавда. Аларды түнү менен чыгарып, коопсуз жерлерге жайгаштырдык. Кошуна тажик туугандар менен да анча-мынча сүйлөшүп жатабыз. Бирок бизге көп эле айта беришпейт алар. Милицияларынан да окко учту деп айтып жатышат. Анан ошол 25-орто меткептин айланасын тыптыйпыл кылып тегиздеп салышты деп айтышты. Так эмес, бирок укканыбызга караганда ошол мектепте 60 баланы барымтага алышты деп да айтышты. Эми так маалыматты кийинчерээк билебиз да.



Чоркух айылынын Кыргызстанга жакын четинде жашаган Аббос аттуу тургунун сөзгө тартканыбызда ок атышуу болуп жаткан тарапка бара албаганын, имиш-имиштерден башка так маалыматы жоктугун билдирди:

- Мен эми билбесем, адамдар айтышты ушул Чоркухта ок атышуулар жүрүп жатканы тууралуу. Биз өзүбүз ал тарапка өтө албайбыз, кокус шектенип кармап кетиши мүмкүн. Мектептиби же балдар бакчасынбы барымтага алышыптыр деп да айтышып жатат. Мен өзүм чынында ал тарапка түшкөнүм жок.



Кыргызстандын Чоркух айылына чектешкен аймактары толук бойдон катуу көзөмөлгө алынып, кыргыз чек арачылары жергиликтүү тургундардын коопсуздугу үчүн күчөтүлгөн тартип менен иш жүргүзүп жатканы көрүнүп турат. Кооптуу аймактан чыгарылган 15 үй-бүлө болсо Көк-Таш айылындагы жакындарыныкына жайгаштырылды.

Буудайың канча, Кыргызстан?

Соңку 2 айда нандын баасы орточо эсеп менен 2-3 сомго өстү. Өлкөдө 1 млн. тоннага жетпеген буудай алынды. Карапайым калк кооптонууга негиз барбы?

“Азаттыктын” талкуусу "Кыргызстан өзүн буудай менен камсыз кыла алабы?" деген маселеге арналды. Талкууга Айыл чарба министрлигинин үрөнчүлүк бөлүмүнүн башкы адиси Мухамед Насиров, жерди иштетүү боюнча Кыргыз илим-изилдөө институтунун башчысы, академик Жамин Акималиев жана Ак Суу районундагы Отрадное айыл өкмөтүндө жашаган дыйкан Тойбай Касымалиев катышты.

Кампада канча буудай бар?

Ж.Акималиев: Буудай биздин негизги азык-түлүк өсүмдүгүбүз. Тилекке каршы, мына быйыл республика боюнча түшүм гектарына 20 центнердин айланасында эле алынып жатат. Бул абдан аз. Ал эми биздин институт чыгарып жаткан сорттордун мүмкүнчүлүгү эгерде жакшы багылса, мамлекет жардам берсе, өз маалында сугарылып, жер семирткич берилип, отоо чөп жоюлса 60-70 центнерден түшүм бере алат.

Анан кээ бирлер биздин институт чыгарган сорттордун сапаты начар, илээшкектиги төмөн деп айтып калышат. Ал туура эмес. Биздин чыгарган сорттордун, анын ичинде күздүк буудайдын илээшкектиги 30% кем болбойт. Ошондуктан бизде буудайды өстүрүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар. Өзгөчө өрөөндүү Сары Өзөн Чүйдө, түштүктө, Таласта, Ысык-Көлдө өстүрүлгөн буудай менен элибизди толук камсыз кылууга болот.
Мухамед Насиров

М.Насиров: Быйыл республикада 376 миң гектар жерге жаздык-күздүк буудай эгилген. Ал негизинен орулуп бүттү. Ар бир гектарына 23.8 центнерден түшүм алынды. Быйылкы жылга салыштырмалуу 3.9 центнерге кем болду. Дүң жыйын болсо 1 миллион 98 тонна буудай алынды.

Кыргызстан калкынын керектөөсү 1 миллион 50 миң тонна буудайга жетет. Бул чекке быйылкы жылы жете албадык. Азыркы көрсөткүч 893 миң тонна буудай болуп жатат. Жетпеген 200 миң тоннадан ашыгыраак буудайды жылдагыдай эле Казакстандан сатып алдык. Андан сырткары Кыргызстандын өз запасы бар. Ошондой эле элден буудай сатылып алынат. Өкмөттүн 40 миң тонна буудайды элден килограммы 10 сомдон сатып алуу боюнча токтому чыккан. Буудайдын баасынын базарда жогорулап кетишине байланыштуу бул азыр 50-60% ишке ашты. Жылдын аягына чейин 40 миң тоннаны толугу менен элден сатып алсак, ал мамлекеттик резервде болот. Мындайча айтканда быйылкы жылы элибиз нан менен толук камсыз болот деген үмүттө турабыз.

Мээнет көп, түшүм аз
Казакстандан келген унду 70 пайызга чейин кыргыздын уну менен аралаштырып, аны казакстандык ун деп кымбат сатып жатышат.


Ж.Акималиев: Биз совет доорунда буудай гана эмес жалпы айыл сарба азыктарын өндүрүп, элибизди 90% камсыз кылчубуз. Кийинки жылдардагы биздин мамлекетте агрардык саясат жүрбөй калды да. Эч ким айыл чарбага көңүл бурбайт, жардам кылбайт. Баягы “төрт тарабың кыбыла” деп жердин баарын менчикке берген реформанын кесепетинен 300 миң майда чарбалар бар. Алар которуштуруп айдоону пайдаланбайт, техникасы, жер семирткичи жок, өз күчү менен 1-2 гектардан жерди жетиштүү иштете албагандыктан айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү начарлап кетти. Айдоо жерлери абдан арыктап кетти. Ага карата мамлекет тарабынан өзгөчө быйылкы жылы эч кандай жардам каралган эмес.



Айыл чарба министрлиги элге туура эмес маалымат берет. Быйыл менин эсебим боюнча 790 миң тонна гана буудай алынганы турат. Былтыр 1 миллион 50 миң тонна буудай алганбыз. Бирок К. Бакиев башында турган бийлик элден буудайды килограммын 10 сомдон сатып алабыз деп алдап кетишпедиби. 1 миллион тоннадан ашуун буудайдын 2% гана мамлекет 10 сомдон сатып алды дагы калганын “өзүң бил” деп койду. Анан дыйкандар буудайын 4 сомдон сатууга мажбур болду. Ал эми буудайдын 1 килограммынын өзүнө турган баасы 7 сом болуп жатпайбы.

Жамин Акималиев
Быйылкы ун азыктарынын баасынын кымбатташы жалгыз гана күйүүчү майга байланыштуу эмес. Албетте анын да таасири бар. Ундун баасы кийинки бир айдын ичинде эле 30% кетти. Карапайым эл кантип оокат кылат? Биздин рыноктогу 4-5 монополист ундун баасын өз-ара сүйлөшүп туруп көтөрүп алышкан. Алардын эң башында “Акун” ишканасы, андан кийин Айыл чарба корпорациясы, ага дагы 2-3 фирма кошулуп, бааны көтөрүп жатышат. Аны “кой” деген өкмөт жактан бир дагы киши болбой жатат.

Т.Касымалиев: Биздин Ак-Суу районундагы Отрадное айыл өкмөтүндө 1800 гектар айдоо аянты болсо ошонун ашып кетсе 50-60% гана айдалды. Айдоо-себүү маалында күйүүчү май, техника жок, элде үрөн, акча дагы жок. Ал убакта солярканын баасы литрине 40-45 сомго чейин чыгып кетти. Мына мен ошентип айдап, жай бою иштеткен жеримден гектарына 1 тоннадан түшүм алдым. 1 тонна буудай трактор-комбайн, машине, күйүүчү майдын акысына эле кайра кетти. Эч бир пайда көргөн жокмун. Азыр биздин айыл өкмөттөгү элдин кампасында дээрлик буудай жок.

М.Насиров: Азыр жерди иштетүүнүн наркы өтө жогорулап кетти. Солярканын баасы өтө кымбат. Бирок өкмөт колунан келген жардамын берип жатат. Бүгүнкү кездеги саясий-экономикалык абалды эл да түшүнүп турат. Ага карабастан түшүм жыйноо менен күздүк себүүгө 15 миң тонна солярканы литрине 27 сомдон бердик. Андан сырткары буудайдын уругунан жардам берип жатабыз. 1500 тонна “Краснодар” үрөнү элге гуманитардык жардам катары берилди.



“Эмнени эксең, ошону аласың”

Ж.Акималиев: Кыргызстанда 300 миң майда чарбалардын орточо 1-3 гектар жери бар. Союз учурунда 500 чоң чарбанын ар биринин орто эсеп менен 3 миң гектар жери бар болчу. Чоң аянттары бар жерлерде гана которуштуруп айдоону киргизүүгө болот. Анын жардамы менен жер семирет дагы түшүм көп болот. Экинчиден сырттан келип жаткан заманбап техниканы кодонууга болот. Ал эми 1-2 гектарга кантип техника колдоносуң, негизинен анда жер кол менен иштетилет. Сугат системасын оңдош керек. Ал үчүн биз мурдатан бери айтып келаткандай, майда чарбаларды ирилештирүү керек.



Т.Касымалиев: Мен дагы Ж.Акималиевдин ирилештирүү сунушун колдойм. Кооператив болмоюнча биздин турмушубуз дагы, түшүмүбүз дагы оңолбойт.



Ж.Акималиев: Сапаттуу үрөн менен камсыз кылууда айыл чарба институтунун дагы кемчилиги бар. Биздин дыйканчылык институттун чарбалары чыгарган үрөндүн түшүмү 90% чейин жетет. Жанагы базардан сатып алынган үрөндөн алынган түшүм 50 пайызга араң жетип, өтө суюк буудай чыгып калып жатпайбы.
1 тонна буудай трактор-комбайн, машине, күйүүчү майдын акысына эле кайра кетти. Эч бир пайда көргөн жокмун.


"Азаттык":
Айыл чарба министрлиги эмне үчүн дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыз кыла албайт?

М.Насиров: Биз жылына үрөнчүлүк чарбалардын ортосунда тендер өткөрүп, биринчи категориядагы үрөн менен дыйкандарды камсыз кылабыз. Алар негизинен Илим-изилдөө дыйканчылык институту чыгарган үрөндүн сорттору эсептелет. Жеке чарбалардын көптөрү өздөрү таап алган үрөндү эле сээп салган учурлар да көп. Дыйкан үрөн сатып алып жатканда атайын документин карашы керек. Эгер сапаты начар болсо айыл чарба министрлигине, же үрөнчүлүк инспекциясына кайрылса болот.

“Кыргызстан буудай менен өзүн-өзү камсыз кыла алат”

Ж.Акималиев: Толук мүмкүн. Ал эми Казакстандан буудай ташып, саткан монополист-олигархтар гана буга макул эмес. Биздин үрөндүн сортторунун орточо эсеп менен мүмкүнчүлүгү бери дегенде 50-60 центнер түзүм. Ал эми сапаты тууралуу айтсам, ал эки нерсе менен аныкталат.

1) Илээшкектиги. Эгер эгинди жакшы бакса 27-30% жетет. 2) Протеин. Аны 12-14% жеткирүүгө болот. Мындан ашык көрсөткүч эл аралык стандартта жок. Бизде негизинен жумшак буудай өндүрүлөт, айылдарда элдин баары ошондон гана нан жасашат. Ал эми Казакстандан катуу буудайды кесме, спагетти, таттуу тамак-ашка адистешкен ишканаларга гана алып келишет.

Бирок ошол Казакстандан келген ундун 70 пайызга чейин кыргыздын уну менен аралаштырып, аны казакстандык ун деп кымбат сатып жатышат. Мына ушул кезде 1 кап ундун баасы 1100 сомго чейин жетип калды.

М.Насиров: Кыргызстанда буудай өндүрбөй эле башка өлкөлөрдөн сатып алуу керек деген такыр туура эмес көз караш. Жаңы технология, техниканы маалында колдонуп, ирилештирүүнү, которуштурууну пайдалансак эле буудай менен өзүбүздү-өзүбүз камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүк бар. Ага биздин дыйкандардын акылы, күчү жетет. Өкмөт тарабынан колдоого алынса эле бул иш болот. Мына жаңы өкмөт келеатат, айыл чарбасы колдоого алынса иш алдыга жылат.

Талас: алданган аким, амалкер шылуун

Талас облусундагы Бакай-Ата районунун социалдык кордун башчысынын унаасы тартип коргоо кызматкерлери тарабынан издөөгө алынды. Райондун акиминин буйругу менен Бишкекке жөнөтүлгөн бул унаа учурда кимдин колунда болгону белгисиз.

Үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрында Бакай-Ата районунун социалдык фонд бөлүмүнүн башчысы Ислам Изабековдун кызматтык унаасын аталган райондун акими Мурат Жунусов алдырып, жолго чыгуу үчүн керектүү болгон документтерге өзү кол коюп, Бишкекке узатат.

Мурат Жунусов унаага белек-бечкектер толтурулган баштыкты жүктөп, өзүнүн өмүр таржымалы түшүрүлгөн кагаздарды айдоочу Нурбек Дербишалиевге тапшырып, ал аманатты Президенттик администрациясынын аппарат башчысынын орун басары тосуп аларын айткан.

Белекке ыраазы болбой унааны да сурады

Айдоочу Нурбек Дербишалиевдин ырасташынча, Бишкекке келгенде президенттин резиденциясынын жанында аны өзүн “президенттин аппарат башчысынын орун басары Алик Орозов” деп тааныштырган адам тосуп алып, Таластан берилип жиберилген аманаттарды толугу менен текшерип, айдоочудан унааны да убактылуу берип турууну өтүнгөн. Бирок айдоочу унааны бере албастыгын айтат. Ошондон кийин өзүн Алик Орозов деп тааныштырган адам телефон аркылуу акимге чалып, анын уруксатын алганын айтып, айдоочуну ишендирет.

- Тиги өзү сүйлөштү. Андай кишилерге “бериңизчи, мен да сүйлөшөйүн” деп айта албайт экенсиң. Ал макул кылгандай сүйлөштү да “шефиңе чалдым, үйүңө айда” деди. Үйүмө айдап бардым. “Керектүүлөрдүн баарын алып кал” деди. Унаанын документи керекпи десем МАИлерди сүйлөшүп коем деп алган жок. Унаада бензиндин бар-жогун сурап, өзү МАИлерге куйдуруп ала турган болду. Анан аким берип жиберген коробканын ичинен бирден арак, пива, суусундук берди. Суусундук менен пивосун ичтик, арагы дагы деле үйдө турат.
Бул жерде администрациянын тиешеси жок, тактаса болмок, унаалар бизде жетиштүү.


Мына ушул окуядан кийин эртеси күнү үйүндө эс алып жаткан айдоочу Нурбек Дербишалиевге өзүн “президенттин аппарат башчысынын орун басары” деп тааныштырган адам кайрадан телефон чалат:

- Уктап жатсам “мен Алик Жумалиевичмин” деп телефон чалып, “унаанын тормозу жакшы кармабайт экен, мурдун сүзүп алдым” деп талкалап алганын, 5 күндөн кийин оңдотуп, Таласка узатарын айтканда телефону өчүп калды. Анан кайра чалды, “сен ойлонбо, шефиңе айтып койдум” деп телефонун өчүрдү. Ага кайра чалсам бош эмес экен. Акимге чалдым, аныкы да бош эмес. Аким чалган жок. Эртең менен эрте акимге чалып “кечээ ушундай болду эле го” десем, “сен ойлонбой эле кой, алар мойнуна жоопкерчилигин алган кишилер, баары жакшы болот. Жашай турган жериң барбы, ошол жерде жума күндү күтүп жатып тур” деди.

Кызматтык унаа талкаланганын уккан айдоочу Дербишалиев бушайманга түшөт.

Кызматтык унаа “кызмат” үчүн

Ал эми унааны Бишкекке узаткан Бакай-Ата районунун акими Мурат Жунусов өзүн шылуундардын курмандыгы болгонун “Азаттыкка” билдирди. Аким бул окуя кантип башталганын жана белек-бечкектер кандай максатта Бишкекке жөнөтүлгөнүн төмөнкүчө түшүндүрдү:

- 17-сентябрда саат 4 чамасында телефон шыңгырады. “Мен Орозов Аликмин” деген киши Ак үйдөн экенин айтты. Оштогу кырдаалды айтып, “5-6 райондун унаасын чакыртып жатабыз, 19-сентябрда резиденцияга машине барып калсын, жигули болсун. Өзүңүз тууралуу маалымат кагазын берип жибериңиз” деди.

“Азаттык”: Унаага белек-бечкектерди да жүктөп жиберген экенсиз. Эмне максатта?
Андай кишилерге “бериңизчи, мен да сүйлөшөйүн” деп айта албайт экенсиң. Ал макул кылгандай сүйлөштү


- Эми ал кыргызча айтканда “жууганыбыз” да, анан берип жибердик. Эртеси күнү чалсам телефону албай калды. Мен Ошко кеткен үчүн ошондой деп ойлогом. 5-6 күн албай жатты. Анан тынчсыздана баштадым. Ошентип өкмөткө чалдым, Алик Орозов коопсуздук кызматында иштеген экен. Ошонун алдында ал башка кызматка которулуп кеткенин айтышты. Анан мен билдирүү бере баштадым.

ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү 07-17ТА номурлуу унаанын ээси катары Бакай-Ата районунун социалык фондунун башчысы Ислам Изабеков “өз учурунда тартип коргоо кызматкерлерине кайрылганда унаа табылып калмак эле” деп айтып, айдоочусун Бишкекке жөнөткөн акимдин убакытты созуп келатканына таң калганын белгиледи:

- Бул тууралуу аким да айтпайт, айдоочум да айтпайт. Айдоочума чалсам “мен бул жерде жатам” дейт. Аким да мага билгизген жок. Анан бир аптадан кийин прокуратура тарабынан “мага келип кет” деп байланышып калышты. Ал жакка барсам 27-сентябрда прокуратурага барып билдирип кетиптир. Мен ошол учурда унаанын жоголгонун билип, прокуратурага унаага тиешелүү кагаздарды бердим.

Алик Орозовдун атын ким колдонду?

Ал эми президенттин администрация башчысынын кеңешчиси Жолдошбек Орозовдун ырасташынча, айрым адамдар ушул тапта Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп иштеп жаткан Алик Орозовдун атын жамынып, шылуунчулук менен алектенгенин, унаага байланыштуу окуя орун алган күндөрү Алик Орозов Пакистанда болгонун билдирди.

- Бул окуя ал киши Пакистанда элчи болуп иштеп жаткан кезде болгон. Экинчиден, ал киши андай ишке бара турган адам эмес. Бул жерде администрациянын тиешеси жок, тактаса болмок, унаалар бизде жетиштүү. Бул акимдин кетирген катачылыгы. Унаа сураса эле тактабастан ар кимге бере береби?

Дайынсыз жоголгон унаа боюнча облустук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Талас облустук прокуратура кызматкерлери азырынча буга байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартканы менен, кеңири маалымат кийин болорун белгилешти.

Закир Тиленов: Чек арада кырдаал тынч

28-октябрда Тажикстан Кыргызстанга өтө жакын жайгашкан Исфара районунда атайын операция өткөргөн. Кыргызстандын чек ара кызматтары күчөтүлгөн тартипте нөөмөт өтөп жатканын Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов “Азаттыкка” маалымдады.

- Операция өткөн Чоркух айылы Баткенден канча чакырым алыста жайгашкан? Эгерде куралдуу күчтөрдүн кагылышуусу кыргыз чек арасына жакындап келсе Кыргызстандын коопсуздугу үчүн кооптонуу жаратпайбы?

Закир Тиленов: Тажикстандын күч структуралары Чоркух деген айылда атайын операция өткөрүштү. Бул операция сентябрда Рашт өрөөнүндө болгон окуяларга тиешеси бар экен. Тажикстандын күч структуралары куралдуу топту бир үйдө кармап, ошол жерде операция өткөрүштү. Ок атышуу биздин аймакта угулду.

Бул операция тууралуу маалымат бизге келген. Баткен чек ара отрядынын чек арачылары Чоркухтан чыга бериштеги жолдордун бардыгын бууп, биз толук даярдыкта турганбыз. Кечээ кечинде операция бүттү. Бүгүн ошонун жыйынтыгын тажик чек арачылары менен байланышып билебиз.

- Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда куралдуу топтор өтүп келиши ыктымал делген, бирок чек ара бекеттери коюлбаган аймактар барбы?

Закир Тиленов: Азыр бардык жолдорду чек арачылар кайтарып, көзөмөлдөп турат. Бүгүнкү күндө коркунуч жок.

- 27-октябрда Кызыл-Кыяда эки милиция кызматкери окко учту. Ушул эки окуянын байланышы болушу мүмкүнбү? Куралдуу топ Тажикстандан өтүп келиши мүмкүн беле?

Закир Тиленов: Менимче, муну менен байланышы жок.

- Чек арадагы жалпы кырдаал боюнча кандай маалымат бересиз? Башка чек ара бекеттери кандай тартипте иштеп жатат?

Закир Тиленов: Кыргызстандын Өзбекстан, Кытай, Казакстан менен тогошкон чек араларында абал тынч, бардыгы көзөмөлдө, чек арачылар өз милдеттерин так аткарып жатат.

Чет элдиктерди суктандырган кыргыз тайганы

Таза кандуу тайгандын тукуму азайып баратат.

Kыргыздар тайганчылыкты байыртадан барктап, мурастап келген. Учурда таза кандуу тайгандын тукуму азайып, калыбына келтирүү милдети турат.

Адистердин айтымында, жалпысынан дүйнөдө тайгандын белгилүү болгон 16 түрү бар. Башка булактарда жыйырмадан ашуун тайгандын түрү бар деп айтылып келет. Тайгандын казактын тазы, орус тайганы, польша хорты, англиялык грейгаунд, ирландиялык бөрү басар, фараон тайганы аталган фенель талиб кебек, ооган тайганы жана башка түрлөрү адистердин көңүлүн буруп келет.

Кыргызстанда таза кандуу тайган табыш кыйын болуп келген. Адистердин баамында, өлкөдө аргындашкан тайгандын элүүгө жакын түрү бар.

Тайганчылыкты калыбына келтирип, кыргыз тайганын тукумун иликтеп, сактап “Салбурун” аттуу аңчылык федерациясын түзгөн Алмаз Акундун башкы максаты - аргындашып кеткен кыргыз тайганынын тукумун сактап, дүйнөгө даңазалоо. Алмаз кыргыз тайганынын өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары жана аны таптоодогу кемчиликтер тууралуу мындай деди:

- Кыргыз тайганынын 67 ченеми бар. Учурда дүйнө жүзүндө таза кандуу асыл тукум кыргыз тайганынын 120сы гана катталган. Анын ичинде кыргыз жергесинде 60ка жакыны гана калган. Ал эми миңден ашуун тайган кыргыз тайганы менен каны аралашып, аргындашкан түрү катары катталган. Кыргыз тайганынын тукумун сактап калуу зарыл. Себеби биздин тайгандар тоо-ташта, түздө, токойдо болобу ылдамдыгы, чапчаңдыгы, шамдагайлыгы, күчтүүлүгү, чыдамкайлыгы, кайраттуулугу, көк жал жүрөктүүлүгү менен кескин айырмаланып келген.

Тайганчылардын айтымында, башка түрдөгү тайгандар бир жолу аңчылыкка чыгып келгенден кийин жүрбөй чарчап калат. Ал эми кыргыз тайганы күн сайын табында болуп, 7-8 күн удаасы менен чалыкпай ууга чыга берет. Кыргыз тайганы карышкырга тайманбай каршы туруп, аны алып тынат. Анан дагы бир өзгөчөлүгү - кыргыздын тайганы гана из кууп, жыт искеп, аң уулайт. Башка тайгандар из куубайт. Көз алдындагы олжосу далдаа жерге кирип кетсе кууганды токтотот. Ал эми кыргыз тайганы из кууп артынан калбай жүрө берет.

Кыргызстанда тайганга кызыккандар саналуу гана. Учурда Кыргызстандагы тайгандарга чет элдиктер, айрыкча арабдар, казактар кызыгып, баасына карабай жашыруун сатып алып кетишүүдө.

Мергенчилик тайгандын канында бар

Жакшы мергендерде дале тайгандар бар. Чет өлкөлөрдөгү жарыштарда кыргыз тайганы бир нече ирет дүйнөлүк рекорд койгон. Ошондуктан кыргыз тайганына кызыгуу абдан күч алды. Себеби беш-алты жыл мурда Англиядагы эл аралык тайган жарышында кыргыз тайганы марага озуп келип, дүйнөлүк рекордду жаңырткан.

Кыргызстанда эми тайган бааланып, барктала баштады. Беш тайган таптап жүргөн Бишкек шаарынын гербинин автору, сүрөтчү жана тайганчы Майрамбек Асанкожо уулунун айтымында, айрым кыргыздар тайгандын табын билбей, аң уулоо сезимин мокотуп, үй күчүк кылып багып жүргөнү өкүнүчтүү.

- Тайганды 6-7 айынан тарта аңчылыкка алып чыгабыз. Аларды үйрөтүүдө эч кандай деле кыйынчылык жок. Анткени алар аркар-кулжа алууга жаратылышынан жөндөмдүү. Башкача айтканда, канында бар. Болгону жаңы агытылган тайганды, жемин коё бербеген алгыр тайгандардын жанында көп алып жүрүү керек. Шаардык айрым ишкерлер тайганды кызыкчылык үчүн гана багып, тукумун көбөйтүп сатып, аңчылык касиетин жоготуп жатат.

Тайганды күчүк кезинен таптап, түлкүгө салуу керектигин коомдук ишмер, саяпкер Кемелбек Ашыралиев айтып, тайган таптоонун ыкмаларына токтолду:

-Т айганды күчүк кезинен урбай, жалтаң кылбай тарбиялаш керек. Тайган өзү эрке жаныбар. Өтө сылап-сыйпап эркелетсең мышыктай кылжың болуп калат. Уруп, кагып-силкип койсоң жалтаң болот. Ошондуктан балаңды кандай тарбияласаң ошондой мамиле кылып, бекем, кайраттуу кылып тарбиялоо керек. Жугунду берип баксаң, кийин жугунду алып келет, эт менен баксаң элик- теке алат. Күчүк кезинде мылтык атып, улам жакындан атып, мылтык үнүнө да көндүрүү зарыл. Чырга сүйрөтүп, аңдан секиртип, күлүк ат менен кошо жарыштырып, түлкү куудуруп жашынан таптоо керек.

Тайган бир айылды баккан

Чынында тайгандын өңү ар кандай болот. Кыргыз жеринде кара тайгандар арбын болгон. Куу, көк, күрөң түстөгү тайгандар да кезигет. Бою деле өтө бийик болгону деле мааниге ээ эмес. Таза кандуу тайгандын бою 70-80 сантиметрге барабар болуп, көкүрөгү жайык келет. Кулактары узун, шалпайып турат. Кулактарын жүнү каптап, буттарында, каптал жагында жүнү болгон тайгандар да кездешет.

Учурдагы базар экономикасынын мезгилинде айрымдар тайганды кадимкидей баалап сатып жүрүшөт. Тайгандын күчүгү эле бир жылкынын кунуна барабар дешет адистер. Илгери бир мыкты тайган бир айыл элди баккан деген уламыш кеп бар. Тайганы бар малчыга карышкыр, түлкү жолобойт дешет айылдык карылар.

Кыргыз тайганынын тукумун сактап, мергендерге таратууну көздөп, атайын жайларды ачууну көздөгөн демилгечилер болууда. Ошондой эле ар жыл сайын Тоң районунун борбору Бөкөнбаев айылында кыргыз тайганын, мүнүшкөрлүк жана жаа атуу өнөрлөрүн кайра калыбына келтирүү максатында эл аралык “Салбурун” фестивалы өткөрүлүп жүрөт.

Илгери казак, кыргыздардын ич ара чабуулунда казактын баатыры Кененсары Чүйдөн Бүргө баатырдын Калча деген уулун колго түшүрүп алган. Кыргыздар колго түшкөн жигитти куткарып алалы деп Кененсарыга көп мал тартуулашмак болот. Ошондо Кененсары: “мындай мал менде деле бар. Эгер баланы чыгарып кетем десеңер кыргыздарда Көкдолу деген 9 карышкырды бир алган тайган бар экен. Ошону мага алып келгиле”,-деген экен.

Аңчылыкты жакшы көргөн Кененсары Көкдолу тайганын алып барганда, сүйүнгөнүнөн ордунан тура калган дешет. Мына ушундан улам кыргыз тайганынын баалуулугун билсек болот.

Кыргыз тайганы жөнүндө маалымат:

Боюнун бийиктиги – 65-70 сантиметр.
Куйругу – чыгырык тартып турат.
Көзү – күрөң, кызыл түстө.
Бели – ичке.
Көөдөнү – кең.
Кулагы – шалпаң кулак.
Өңү – кара, куу, көк, күрөң.
Жүнү – тыбыттуу.
Буттары – арткы 2 буту иймегирээк келет.

Кыргыздын доору келдиби?

Астана шаарында түрк тилдүү элдердин Бүткүл дүйнөлүк руханий-маданий Курултайы өтүп, анда адамзаттын башына түшкөн кризистен чыгуунун жолу талкууга алынды.

“Жаңы агым” гезити Убактылуу өкмөттүн буйругун чымын чакканча көрбөгөн, түштүк борборунун “түшпөс ханы” атыккан Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов Бакиевдер качкандан кийин аларга таандык ишканаларды өзүнө дүңүнөн каттатып алган деген маалыматтар барын, ал эми Жаныш Бакиев болсо чет жакта жатып алып, мага таандык фирмалардан түшкөн пайданы бөлүшпөйсүңбү десе, Мелис “бобойт” деп баш чайкап, эми бул көрдүйнө талашына чекит коюу үчүн криминал аттанды дешет” деп;

“Улуттук Коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жакын арада ээрден шыпырылышы мүмкүн, эгер эркин гезиттердин ушинтип жазганына ишенсек анын ордуна Артур Медетбеков болуп калышы ажеп эмес” деп кабар таратты.

Журналист Нурканбек Керимбаев даярдаган беттеги макала “Монтерго айланган УКК, “баатырга” айланган Ташиев” деп аталса, Амантур аттуу автордун макаласы - “Наркың менен кары ФШК” деп аталат. ФШКасы- Феликс Шаршенбаевич Куловдун аты-жөнүнүн кыскартылгандагысы экен.

Назгүл Калмамбетованын макаласында түштүк коогалаңында үй-жайсыз калгандардын алгачкы кубанычы баяндалып, ал: “Бейиштин төрү мурдагыдан мыкты болот” деп аталат.

Кыргызстандын кантка болгон жылдык керектөөсү – 138 миң 300 тонна болсо, быйыл анын 15 пайызын гана өзүбүздө өндүрдүк.. Калган 85 пайызын сырттан ташыйбыз. “Жаңы агым” гезитинин кант маселесин козгогон макаласы “Чайга салар кантың жок, чайпаларга баркың жок” деген аталыш менен жарык көрдү.

Дагы бир макала “Өз элин карабаган өкмөт, дайыны чыкпаган ДНК” деп аталып, Ош окуясында жакындарынан ажырап, алардын же өлүү, же тирүү экенин билбей сыздап жүргөндөрдүн үнү баяндалган.

“Атамбаев премьер, Текебаев спикер, Бабанов коалиция лидери болобу?” деп суроо койгон “Форум” гезити Эртабылды Аттокуровдун коалиция тууралуу ой-пикирине орун берди.

Ушул эле гезит “Ар дайым акыйкаттык, чындык үчүн кармашып келген Аксы эли мурдагы күнү бакиевчилердин маал-маалы менен митинг кылып, Ала-Тоо аянтында адам аттыргандарды жактап жатканына каршы жаны кашайып чоң митиг өткөрдү. Митингде кандуу окуяларга тиешеси барларды сот жообуна тартууну, кыргыз элин бөлүп-жарууга чакырык таштагандарга катуу чараларды көрүүнү айтып, президент Роза Отунбаеванын саясатын колдой тургандыктарын билдиришти. Аксынын 5 айылынан чогулган митингчилердин саны 2 миңге жетти” деп жазды.

Ушул эле басылмага “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев маек куруп, жаңы өкмөт түзүлүп калса илгертен калыптанып калган түштүк-түндүк тең салмагы сакталышы зарылдыгын, өкмөттүк кызматтарга эл колдогон, тажырыйбасы чоң адамдар келиши керектигин белгилеген.

Кыргыз эл артисти Дүйшөн Байтөбөтов маек куруп, чыгармачылык өнөр, артисттердин тагдыры тууралуу кеп кылды.

“Кыргыздын адамзатка үлгү көрсөтө турган доору келди” деген макала өткөн жумада Астана шаарында адамзаттын башын түшкөн кризисттен чыгуунун жолун талкуулаган Бүткүл дүйнөлүк руханий-маданий Курултай өткөнүнө, ага Кыргызстандан Д. Сарыгулов менен А. Усупбаев барып катышып келгенине арналган. Кыргызстандан барып катышкандар “Бүткүл адамзат Кыргыз улуту жаңы жол көрсөтө турганын күтүп отурат” деп жазган Казак академиги, Түрк элдер федерациясынын президенти Ерментай Султанмураттын сөзүн шилтеме кылып, мамлекетти башкаруунун ата-бабалардан калган жолуна кайра салуу сунушун айтып чыгышкан.

“Акылбек Сариев шайтандын эсин оодарды”. “Кыргыз руху” гезити ушундай аталыш менен жарыкка чыкты.

Генерал Исмаил Исаковдун маеги: “Кеңири коалицияда оппозициянын орду жоголот” деп аталат. Исаков мырза, эгер 5 партия биригип алып каалаганын жасай берүү туура эместигине, парламентте сөзсүз оппозициянын орду болушу керектигине коомчулуктун көңүлүн бурган.

Азамат Кудайбергенов Кыргызстандын азыркы кездеги ал-абалын талдоого алган. Автор минтип жазат: “Азыркы мамлекет башына келген бийлик мамлекетти башкарууга такыр эле жөндөмсүз болуп чыкты. Оштогу кандуу окуяда бийлик элдин коопсуздугун камсыздай алган жок. Калк өзүн өзү сактады. Бийлик күчтүү болсо ошол окуяны уюштургандар эмгиче кармалбайт беле?”

Талдоочу андан ары азыркы парламентке келе турган партиялардан эл жакшылыкты үмүт этпей деле койсо болорун, булар карапайым калктын жашоосун оңдомок тургай бешөө бири-бири менен тытышып жатып мөөнөтүнөн мурда жок болоруна божомол таштап, эгер ушул бойдон нааразылык акциялары токтобой, саясатчылар Кыргызстандын тагдырына кайдыгерлик менен карай берсе мамлекеттүүлүк жоголуп, биз АКШ, Россия, Кытай өңдүү дөө-шаалардын күлүн чыгарып, отун жагып, тезегин терип каларыбызды эскерткен.

“Кыргыз туусу” гезити кыш босогодо турганын эстетип, көмүр көйгөйүнө көңүл бурду. Буга улай эле Энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин “Кышка камылга ойдогудай” деген ат менен отчету жарык көрдү. Министр мырза энергетика секторундагы тартыштык 200 млн. сомго дейре азайганын, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылдын бул мезгилине салыштырганда 6,6 млрд. кубга көп топтолгонуна, демек эл кышында жарык менен да, жылуулук менен да толук камсыз болорун ишендирген.

Журналист Мырзакат Тыналиевдин сапар баянынын соңку макаласы сунушталды.

- Болгарлардын бизден айырмасы,-деп жазат кабарчы,- жалпыга маалымдоо каражаттарында сын макалалар жарык көрөрү менен ал боюнча өкмөттө дароо чечим кабыл алынгандыгында. Мисалы, мектептеги бүтүрүү экзамендериндеги башаламандыктарга жол берилгендиги тууралуу жеке менчик радиодон сын макала уктурулгандан кийин Болгариянын билим берүү министринин орун басары кызматынан кетирилген.

Аталган басылма булардан тышкары “Дубандардан эмне кеп?” деген рубрика алдында каттарды жарыя кылды. Алардын биринде таластык дыйкандарды Бажы чек ара кызматы жана МАИ кызматы биргелешип түзүп алган мафиялык топ тоноп келгенин, эмдиги жылы буйруса Баткендеги Айгүл-Таш-Согмент жолу бүтөрүн, ушул эле Баткендеги мектептерге 284 мугалим жетишпегенин, Жалал-Абаддагы “Нур” заводу кытайлык ишкерлер менен биргелешип калдыктарды иштетип атканын, маселен “баклашка” деп аталган бош желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетип, кийим тигүүчү синтетикалык жипке ылайыктап туруп Кытайга жөнөтүп туруучу өндүрүш ишке киргизилгенин, аталган завод жалаң эле калдыктар менен иштебестен айылдагы кык, чөп-чар, күбүлүп түшкөн жалбырактарды да кайра иштетип, биогаз чыгарып сата баштаганын, баасы кыйла арзан экенин маалымдады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG